Башкы Санжыралар Санжырачылар Биздин кызмат Тарых Китепкана Тарыхый инсандар Классташтар Ай-жылдарды сүрүштүрүү Түркүн маалымат |
|
Кош келиңиздер
Бул сайт кыргыздардын санжырасын тактоого жана мындан ары өнүктүрүү менен бирге каада-салттарын да, элге жеткизип турууга арналмакчы.
Санжыра - Бабалардан керээз, келечекке мурас. Санжырада - Эрден Элге адам наркы, өмүр куну, өтөлгөсү өтсүн-сиңсин, өркүндөсүн деп, айтылып келет. Санжырада - Элден Элге насаат, осуят, таалим үлгү таркалсын, абийир, намыс, биримдик тагдыр баркталсын деп айтылып келет. Санжырада - Кыргыздын салтанат-салты, насили дайын болуп, азгын тозгун, карып-мискин, бей-бечарага кайрымдуу, ырайымдуу калк болгону даңазаланат. Карылары каадалуу, нарк, санатты сүйлөгөн даанышман;
Бул сайттан Сиздер санжырадан башка дагы көп керектуу, кызыктуу нерселер, жаңылыктар менен таанышып көрүп турсаңыздар болот. Санжыра боюнча тактоо иретинде кошумча алымчаңарды, сунуш пикирлериңерди
эл.почта аркылуу берип туруңуздар. Бул сайт - Теңир жараткан тегибизди азыркы муун, кийинки муун, урпактар менен улап-курап кандаштырып жалгаштырып турган уютку болушуна ишенебиз. ЗЭТ Биздин дарек:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
|
Кабарлар
АР БИР КЫРГЫЗ БАЛАСЫНЫН ПАРЗЫ - ЭЛ-ЖУРТТУН ТАРЫХЫН, АТА-БАБАЛАРДЫН ТҮПКҮ ТЕГИН ЖАНА ЖЕТИ АТАСЫН БИЛҮҮ. (02.09.2022-ж.) Совет доорунда жогору жактагы бийликтегилер, ар бир элдин нукура тарыхын, санжырасын басмырлап, а түгүл басмаканалардан чыгарууга тыюу салып келишсе, азыркы убакта деле бийликтен көп маани берилбей келеатат. Анын үстүндө, көбүн эсе жаштар, дүйнөнүн чар тарабына, жумуш издеп, мигрант болуп өлкөдөн чыгып кетишип, турмуштарын алыста кечирүүдө. Негизи ошолор (Кыргызстанда калган жаштар деле) өздөрүнүн тарыхын, ата-тегин (санжырасын), анын ичинде тың чыккан белгилүү инсандарды билип жүрүшсүн деген ой менен, ар кандай санжырага тиешелүү сайттар (санжыра.рф) китептер чыгууда. Мисалы: Быйыл жазында Адылбек Раимжановдун “Басыз” аттуу көлөмдүү китеби чыкса, жакында эле андан кем калышпаган “Кыдык ата – Журт туткасы” аттуу 678 беттен турган (А4 көлөмүндө) китеп жарык көрдү. Китептин автору: Амантур Тентиев, Кыргыз ССР эл агартуунун отличниги, Тоң районунун Ардактуу атуулу. КЫРГЫЗДАР КЫРК КЫЗДАН ТАРАГАНБЫ, же САНЖЫРАЧЫ ОСМОНААЛЫ СЫДЫКОВДУ КИМДЕР ШЫЛДЫҢДАГАН? (Гүлзат Аалиева, Фейсбук баракчасынан, 11.08.2020-ж.) УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС! ТЕҢИРИМ ЖАЛГАП, КЫДЫР-УМАЙЫМ (КУДАЙЫМ) КОЛДОСУН! Жети атаны билүү - ар бир кыргыздын улуу парзы. Жети ата орточо эсеп менен 30 жашында балалуу болсо, демек, 7 x 30 = 210 жылдык тарыхты билебиз. 210 жыл мурда жашаган 7-атанын жети атасын билүү, демек, 210 x 7 = 1470 жылдык тарыхты билүүгө барабар. ХХ кылымдын башында Кочкордон чыккан Осмонаалы Сыдыков деген санжырачы Ташкентте диний медреседе билим алат. Мындан аркысы... “КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРЫХЫЙ ГЕОГРАФИЯСЫНАН” (Курманали Матикеев • 27-январь 2020-ж. • 09:47 • Фейсбуктан) Урматуу менин окурмандарым мындан кийин жаңыдан жарык көргөн китебимден үзүндүлөрдү берип турам. Кириш сөз Өткөн ата-бабаңды Олтурган жерден ким кууган. (Кыргыз эл санжырасы.) Тарыхтагы байыркы кыргыз уруулары азыркы түрк элдеринин башатын түзгөндүгү, айрым уруулардын жок болуп кеткендиги, же түрк элдеринин урууларына айланып калгандыгы, эбегейсиз Евроазия чөлкөмүндөгү бөлүнүп калуунун жана көчүүнүн натыйжасында болгон. Алгачкы мезгилде Кыргыз эли «Күн» эли деп аталып, кийинки доорлордо «киен-куйн», «хакас», «кыр-сахро-огуз», «кыр-огуз», «гекун», «жянкун», «жийегу», «чийигүү», «хегес», «шагас», «жылыс», «булути» жана «гун» деп аталып келген. Мындан аркысы... - Байыркы элдер жөнүндөгү маалыматтар (Курманали Матикеев • 3-февраль 2020-ж. • 08:15 • Фейсбуктан) Тарыхтарда сактар (савроматтар) байыркы эл, алардын жашап өткөн мезгили «алгачкы темир доору», «алгачкы көчмөндүүлөр доору», «скифтер доору» деген ат менен сакталып келет. Алар Евроазия талааларында көчүп жүрүшкөндүгү, Кара деңиз боюндагылары «скуда» (шкуда), кийинчерээк «сколоттор» деп аталгандары Геродоттун тарыхында берилет Толугу менен... - Чакан этносторду өзүбүз изилдей алабызбы? (Тынчтыкбек Чоротегин, Жарыяланган учуру: 24.04.2015-ж.) Кыргызстандын этнологдору быйыл чын курандын (апрелдин) 4-үндө жыйын өткөрүшүп, анда өлкөдөгү чакан этносторду изилдөө көйгөйлөрүн да козгошту. Бул – илимпоздук маселе болуп гана чектелбестен, демократиялык коомду куруудагы маанилүү атуулдук милдетке да жатат... Толугураак... - "Саяк элдин шогу, Солто элдин тогу, Сарбагыш менен Бугунун барынан жогу" («УЧУР» газетасы, 14 июнь 2012-ж., Кыргызча саясат) Өткөн жумада Бугу-Сарбагыш урууларынын аксакал-көксакал билермандарыбыз дегендер "Кан Кошой" кафесине чогулушуп, эки уруунун ынтымагы жөнүндө сөз алышып, "Бир кезде ичибизге кирген эл бузарлардын кайраштыруусу менен бир атанын баласы, эки биртууган араздашкан экен. Ошону унуталы. Толугураак... - Элдин талкуусуна коюлган багыттама(концепция) - Кылымдын тереңине телескоп.(З.Осоров) Жакында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинде өлкөбүздүн жазуучуларынын, тарыхчыларынын “Кыргыздын 15 том тарыхы” энциклопедиялык басылмасын даярдоо жана басмадан чыгаруу иштерин баштоо жөнүндө конференциясы өткөрүлдү. Толугураак... - Улуттук уюткулуу ынтымак үчүн.(Арыстан Эсенгул, Аалам, №30,28.04.2009) Дүйнө бүгүн чайналып турган мезгили. Бүт адамзатты түйшүккө салган экономикалык каатчылык бир жагынан кысса, экинчи жагынан дүйнөлөшүү (глобализациялоо) агымы майда улуттардын улам бирин мойсоп, дүйнөнүн чоң-чоң бөлүккө бөлүнүү процессин ылдамдатууда. Толугураак... |
Русский E-mail: Логин: Санжыра: Бугу уруусу. Тынымсейит 1-бөлүк. Санжыра: Бугу уруусу. Тынымсейит 2-бөлүк. Санжыра: Бугу уруусу. Алыбай уулу 1-бөлүк. Санжыра: Бугу уруусу. Такабай. Санжыра: Саяк уруусу. Бөлөкбай тукуму. БКМА Дастан Сарыгулов Санжыра 1. Кыргыз элинин 7000 жылдык тарыхынын илимий далилдери. К.Чороев т.0555973579 Кыргызы официально стали древнее на 3000 лет. Кыргыз тарыхы талашта турат, сөзсүз көрүңүз! Кыргыз калкынын этникалык курамы Кыргыз урууларынын белгилери (тамгалары) |
||||||||
КАЙРЫЛУУ ОБРАЩЕНИЕ |
Тарыхий инсандар Санжырачылар Санжыра деген эмне? Кыргыздардын тууганчылык катнаштары | |||||||||
Кыргыздардын санжырасы, тарыхы, эли, жери жөнүндө китептер, журналдар, макалалар бул жакта. | ||||||||||
Башкы ♦ Санжыра ♦ Сенин ордуң ♦ Тарых ♦ Ай-жылдарды сүрүштүрүү ♦ Түркүн маалымат | ||||||||||
Copyright © 2009 Кыргызсанжырасы, Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ |