САНЖЫРА       САНЖЫРА       САНЖЫРА
www.санжыра.рф                    www.sanjyra.com                    www.sanjyra.ru

    АТА-БАБАЛАРЫБЫЗДЫН УРМАТЫ,
    КЕЛЕЧЕКТЕГИ МУУНДАР ҮЧҮН

КАЙРЫЛУУ


                   УРМАТТУУ      ЗАМАНДАШ   !

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кийинки мезгилде кыргыздардын (башка улуттардын дагы) арасында санжырага кызыккандар көбөйүүдө.

Санжыра деген эмне? Санжыра – “Сен кимсиң, атаң ким, чон атаң ким, кайсыл уруудансың, кайсыл улуттансың, дегеле ата-тегин кандай адамдар болгон” деген суроолорго так жооп бере турган тирүү тарых дешет аксакалдарыбыз. Ата-бабалар: “Эң эле болбой калганда жети атаңды билип ал” - деп айтчу экен. Бул айтылгандын тарбия, медицина, генетика жана башкалар боюнча зор мааниси бар экени талашсыз.

Менин түшүнүгүм боюнча, дагы бир жагынан санжыра бул ата-энени сыйлоо, алардын ата-энелерин урматтоо, андан аркыларын эскерүү, билүү, жакшы жактарын бала-бакырабызга түшүндүрүп айтып берүү. Себеби, биз ата-энелерибизди кандай жакшы көрсөк , биздин ата-энелерибиз өз ата-энелерин ошондой эле жакшы көрүшкөн да.

Азыркы мезгилде биздин дээрлик жаштарыбыз жакынкы-алыскы чет мамлекеттерде окуп, иштеп, жашап жатышат. Ошолор алыста жүрүп кээде ойлоп атышкан чыгар, “Ата-тегим ким жана кандай адамдар болгон?” же болбосо, “Жети атадан берки туугандарым ким болду экен?” деп.

Мына ошолорго (албетте, Кыргызстанда жашагандарга дагы) пайдасы тиер бекен, ата-бабаларынын жакшы касиеттерин билип, кийинки муундарга жеткирсе экен деген ой-тилек менен “Кыргыз санжырасы” (www.sanjyra.ru, www.санжыра.рф жана www.sanjyra.com) деген сайттарды түзүп, дүйнөлүк желеге (интернетке) жайгаштыруудабыз. Бул сайт интернетке 2009-жылы sanjyrakg.kg деген ат менен чыккан. Азыр кайра толуктоолор менен ачылды. (Бул иш боюнча жаңы технологияны пайдаланууда башка өлкөлөрдөн алда канча артта калуудабыз.)

Кыргыздардын көпчүлүгүнүн үйлөрүндө өз санжыраларын жазып жүрүшкөн дептерлери бар, кээ бирлери өз уруусу жөнүндө китепче чыгарышууда. Ушундайларды топтоп ар кандай программалардын негизинде, мүмкүнчүлүккө жараша сүрөттөрү, жашаган мезгилдерин, дарегин көрсөтүү менен кошо, сайтка жайгаштырууну жүргүзүүдөбүз.

Эгерде муруңку мезгилдерде санжыраларда аталар гана айтылып, жазылып келсе, биз кыз балдарды дагы мумкүнчулуккө жараша жайгаштыруудабыз, анткени турмушта кеңири элге билинген-билинбеген акылдуу чыгаан энелерибиз да болгон. Бирок кыздардын балдары схемага түшпөй калуунун себеби, алар аталарынын линиясы боюнча киргизилүүдө.

Ошондой эле, биздин сайтка:

- Санжыра айткан, санжыра, тарых боюнча китеп жазган инсандарыбыбыздын сүрөттөрү (кыскача баяны менен) ардак такта сыяктуу чыгарылууда.

- Санжыра, тарых боюнча китепкана ачылган, ал жерден китептерди толук карап окуса дагы, же болбосо кызыктырган главаларды тез таап окуса да болот. Бир жагынан авторлордун китептери рекламаланууда. Санжырага, тарыхка байланышкан макалалар менен да таанышып турууга болот. Китепканадагы кээ бир китептер ачылбаган себеби убакыт менен каражаттын тартыштыгы. (Программист, дизайнер, материалдарды чогултуп, сайтка жайгаштыруучу 1 адам.) Бирок иш жүрүп жатат.

- Санжыраларын (текст, схема катары) электрондук почта аркылуу жибергендерди, сайтка каттоодон өткөрүп, схемаларын жайгаштыруудабыз. Ал схемаларды тактап, толуктагандан кийин, чоң схемаларга кошуу керек.

- Сайттагы санжыралар боюнча туугандарды таап алууга да мүмкүнчулүк болот.

- Сайттан ай, жыл, күндөрдү кыргызча сүрүштүрүү менен дагы таанышса болот. (Мисал катары.)

- Жогоруда айтылгандардан башка дагы ар-кандай кыргыздардын када-салттары, макал-лакаптары менен таанышып турса болот.

Санжыра айтуу кыргызда муундан-муунга уланып келе жаткан жакшы салт, мындан ары да бул салт элдин колдоосу менен улана берет деп ишенебиз.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана санжыраны жакшы билген азыркы мезгилдеги санжырачы-аксакалдарыбыздын айткан санжыраларын жазып калуу, атуулдарыбызга туура жана так маалыматтарды заманбап технологиялардын негизинде жеткирип туруу жана санжыра боюнча электрондук китепкананы толуктоо үчүн, деги эле ата-бабалардан калган мурасты улантуу үчүн, демилгелүү топ “Кыргыз санжырасы” Коомдук бирикмесин түзүп иш алып барууда.

Жакшы тилектерди каалоо менен, сайтты түзүүчү,
"Кыргыз санжырасы" Коомдук бирикмесинин
директору Замирбек Тыныбеков,
тел.+79663753245
эл.почта: tzamirbek@rambler.ru





Толук болбосо дагы санжыраңарды эл.почтабызга жөнөтүңүздөр.



Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ