ТАРЫХИЙ ИНСАНДАР


БАРС-БЕГ                       (Башкы тизмеге)

  • Енисейде калыптанган кыргыз мамлекетинин кадыр-баркы анда Барс-бегдин даңктуу ысымы менен байланышкан. Бул руна жазмаларында катталган кыргыз башкаруучусунун биринчи ысымы. Эми биз өзүбүздүн улуттук мамлекетибизди түзгөн учурда, элибиздин зоболо-атагын арттырган бул мамлекеттик ишмердин ысымы татыктуу баасын алып, Манас жана кыргыз элинин башка тарыхый ишмерлеринин ысымдары менен бир катарда жарык жылдыз болуп жаркырап жанып турууга тийиш.
  • Енисейлик кыргыздардын кызыкчылыгын коргоо максатында Барс-бег кытайдын Тан империясы, Түргөш каганаты, ошондой эле коңшу дос уруулар менен союзга кошулган. Бир эле мезгилде активдуу аскердик иш-чаралар аткарылып, алардын ичинде душмандын кыш мезгилинде Минусинск өрөөнүнө кирип келүүсүн токтотуу максатында түштүктөн Енисей капчыгайы аркылуу кеткен чоң жолдун боюнда эң бекем чыңдоолор курулуп бүткөн. Жайкысын табигый бөгөттүн кызматын жайык жана кубаттуу дарыя аткарган. Бабаларыбыз тарабынан ар бир кыш сайын, Сибирдин катаал-суук шартында, муз усту менен Енисейдин жээктерин бойлото жыгач устун жана кардан жасалган бийик, узундугу бир канча чакырымдарга созулган тосмолорду куруп чыгуу учун не деген гана күчаракет жумшалган. Ал эми жазгы ала-шалбырт башталаары менен баягы курган чептин баары сууга жуулуп, агым менен кошо кетүүчү.
  • Чыгыш Турк каганаты өз ээликтеринин чегин кеңейтүүгө умтулган түрк күчтөрүнүн жолун бөгөп гана тим калбай, ошондой эле өрөөндөгү бийлик үчүн күрөштө каганаттын өзүнө да чакырык таштоочу кучкубатка жетишкен кыргыз мамлекетинин дараметин дайыма байкап турган. Өз мамлекетинин кубатына ишенген Барс-бег так ооматын билдирген Ынанчу Aлп Билге деген ат алган. Салгылаштын бириндеги кыргыздардан кезектеги жеңилүүдөн кийин, түрк каганы Капаган Барс-бегди тынчытуу үчүн ошол замандагы салт боюнча өзүнүн карындашын - канбийкечти ага аялдыкка берген.
  • Каганаттын төбөлдөрү Барс-бегге каршы жортуулга күн мурун даярданышты. Мындайча айтканда, түрктөр кыргыздардын конушуна алардын күчтүү союздаштары – түргөштөр менен кытайлардан жардам келгиче жетип кол canyyгa үлгүpүп калууга ашыгышкан. өздөрүнүн чабуулунан эки жыл мурун түрктөр кыргыздарга достошкон урууларды Минусинск ойдуңунан түштүккө карай жайгаштырышып, Туванын аймагында плацдарм түзүп, аны бардык аракети менен чыңдай беришкен. Ал эми 711-жылдын кышында алар азыркыга чейин уникалдуу деп эсептөөгө боло турган согуштук операциясын баштоону чечишкен.
  • Операциянын өзгөчө мааниси боюнча, түрктөрдүн чоң колун алардын башкаруучулары Билге-каган менен Кул-Тегин ээрчитип жөнөгөн. Аскер башчысы ал мезгилдеги белгилуу кол башчы Төнүкөк болгон. Жергиликтуу жол баштоочу аларды өтүүгө мүмкүн эмес деп эсептелген Too чыйыры аркылуу ээрчитип жөнөйт. Бирок ал түрктөрдүн ишенимин актабагандыктан, аны өлтүрүп салышат. Аттарын жетелеп, терең карга көмүлгөн кууш Too жолунда жандарын оозуна тиштеп жөнөгөн түрктөр акыр-аягында ашуунун аркы бетине чыгышат да, кыргыздардын конушуна түштүк жагынан эмес, а күтүлбөгөн жерден - түндүк жагынан сокку урушат. Бул адегенде камсыз турушкан кыргыз жоокерлеринин арасында дүрбөлөң түшүрөт, бирок aлap урулган соккуну татыктуу тосушуп, эр жүрөктүүлүк менен согушат. Барс-бег Сунга деген жерде баатырдык менен каза табат. Аны менен кошо жүздөгөн кыргыз жоокерлери жандарын кыят. Бул кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болучу.
  • Кайгы тарткан кыргыздардын Енисейдеги байыркы руна эстелигинде мындай деп жазылган:
    "Энем мени он ай көтөрдү.
    Ал элиме мени тартуу этти.
    Meн жер үстүндө каармандыгым менен
    кадыр-барк күттүм.
    Meн түмөндөгөн душман менен
    тайманбастан кармашып жатып,
    элимди кыйын күнгө калтырып кеттим...
    О, Барс, бизди таштаба,
    Менин жоокердик эрдигимдин урматына,
    менин агаларымдын күч-кубатынын
    жана менин инилеримдин урматына мага
    ушул көөнөрбөс эстеликти аздектеп тургузушту."
  • Тарыхчылар муну жазуу түрүндө калтырылган маркумга багытталып айтылуучу эң байыркы жоктоо - кыргыз кошогу деп эсептешет. өлгөн адамды жоктоонун мындай белгилуу формасы "Манас" эпосунда таасын-так көрсөтүлгөн. Барс-бегге арналган кошок да, Манаска арналган кошок да стили жана поэтикалык образдуулугу жагынан бири-бирине окшош. Анан өзүнүн айкөлдүгү, жасаган улуу иштери, баатырдык сыпаттары жана жоокердик каармандыгы боюнча да Барс-бегдин образын Манастын образына салыштырууга болот. Көптөгөн тарыхчылар менен Манас таануучулар дал ушул Барс-бегди Манастын прообразы катары негиздүү эсептеп жүрүшөт.


МУХАММЕД-КЫРГЫЗ                       (Башкы тизмеге)

  • 1508-жылы Мухаммед-Кыргыз ак кийизге отургузулуп, кыргыз башкаруучусу болуп жарыяланган. Анын карамагында турган аймак "кыргыз улусу" деп аталган. Мухаммед-Кыргыз кыргыздардын тарыхына атактуу Тагай-бий деген ысым менен кирүү менен, кыргыздардын түп атасы, алардын биринчи башкы башкаруучусу делип эсептелет. Бул өзү кыргыз тарыхындагы, кыргыз уруулары менен уруктарын баш коштуруудагы тагдыр аныктаган маанилуу этап болуп саналат.
  • Ошол замандардан Мухаммед-Кыргыздын инсандык аброю тууралуу көздөй-түз эскерүүлөр дээрлик сакталып калган эмес. Ошондой болсо да, анын ишаракеттерине баам чуркатып, бул адам саясый эрки күчтүү, ашып-ташыган кубатка эгедер, максатка умтулуучулугу артыкча инсан болгондугун көз алдыга элестетүү кыйын эмес. Анын максаты кыргыздарды бириктирүү жана андагы мезгил шартында өз алдынча кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү болгон. Бул үчүн ал кыргыз урууларынын "оң" жана "сол" канаттарынын байланыштарын чыңдоо менен, аларды биргелешип аракеттенүүгө багыттаган. Жалпы душмандар менен күрөшүүдө ишенимдүү союздаш катары Казак хандыгы менен биримдик түзүүсү маанилүү кадам болуп калган.
  • Моголистандын жетекчилиги Мухаммед-Кыргыз жигердүү жүргүзгөн багыттын коркунучтуулугун жакшы түшүнгөн. 1517-жылдын күзүндө Саид-хан баштаган мoгoл аскерлери Мухаммед-Кыргыздын Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Барскоон деген жерде жайгашкан ордосуна кол салган. Кыргыз башчысы туткунга алынат. өздөрүнүн башчысы өлүмгө учураса, кыргыздардын тынч калбасынан чочулаган мoгoл башкаруучусу Саид-хан аны беш жыл Кашгарда туткунда кармап тургандан кийин, Мекенине бошотуп жиберүүгө аргасыз болгон.
  • Мухаммед-Кыргыздын тайманбастыгы жана багынбас саясый эрки ушундай сыноодон кийин мурдагыдан да ташкындап көрүнгөн. Ал баш ийип калган эмес. Ошондой эле кыргыз-казак биримдиги чыңдалган. Ошол мезгилде Казак хандыгынын башында Тахир хан турган. 1524-жылы коркунучту туйган Саид-хан Мухаммед-Кыргызды колго түшүpүп, аны кайрадан Ала-Тоодон алыс Кашгарга жөнөткөн да, ал жерде кыргыз башчысы абакта он жыл жаткандан кийин, 1533-жылы майтарылгыс эрки менен каза тапкан.
  • Мухаммед-Кыргыз, өз элинин көз каранды эместиги жана өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүү үчүн өмүрлөрүн курман кылган биздин улуу бабаларыбыздын катарына кирет. Ал чет жердеги абакта 14 жыл жаткан, бирок өз эли менен байланышын жоготкон эмес. Кыргыздар аны азыркыга чейин эстеринде сакташат жана чыгаан улуттук баатыр катары жогору урматташат. Бyл адам кыргыздын улуттук рухунун байрагы.
  • XVI к. аягында - XVII к. башында Мухаммед-кыргыздын ишин

    МАНАП-БИЙ                       (Башкы тизмеге)

    менен

    КӨКҮМ-БИЙ

    улантышкан.
    Булардын бирдиктүү иштеринин негизинде кыргыздардын түндүк менен түштүк уруулары ойрот-калмак баскынчыларына татыктуу каршылык көргөзө алышкан. Манап-бий өз заманынын эң мыкты саясий ишмери болгон. Ал ошол кездеги коомдук башкаруу системасына реформа жүргүзүү ишин баштаган Көкүм-бий түштүк кыргыздарынын улугу, саясий ишмер болгон.


    АТАКЕ БААТЫР                       (Башкы тизмеге)

    ТЫНАЙ БИЙ УУЛУ

    • Россия менен достук мамилени орнотуунун демилгечиси жана негиздөөчүсү Атаке бийдин (1738-)толук ысмы ушундай. Тарыхый эмгектер анын өмүрү жана ишмердиги жөнүндө маалыматтарга өтө жарды. Бул бөлүмдү даярдоодо 2000-жылы ноябрь айында "Кут билим" газетасына жарыяланган Кемин районундагы Октябрь орто мектебинин тарых мугалими, "Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги" Алымбай Кызаевдин макаласы пайдалуу көмөгүн тийгизген.
    • Атаке Баатыр Тынай бий уулу XVIII кылымдын экинчи жарымында жана XIX кылымдын башында өмүр кечирип, Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө жайгашкан кыргыздарды башкарган.
    • 1990-жылы тарыхчылар Б.У.Урустанбеков жана Т.К.Чороев орто мектептин окуучулары үчүн "Кыргызстандын тарыхы" аттуу кыскача энциклопедиялык сөздүктү чыгарышкан. Анда Атаке Баатыр жөнүндө төмөндөгүчө эскерилет: "Атаке Тынай бий уулу - Атаке Баатыр XVIII кылымдын экинчи жарымында Чүй өрөөнүндөгү сарыбагыш уруусун башкарган бий болгон. 1785-жылы ал Россияга өзүнүн элчилерин жиберген. 1825-жылы Атаке бий Кокон хандыгынын кысымына чыдай албай, сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү менен жашаган жерин алмаштырып, Ысык-Көлгө көчүп өткөн". 1973-¬жылы чыгарылган "Кыргыз ССРинин тарыхында" төмөндөгүдөй жазылат: "1784-жылы сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү Сибирдин чек арасына, ал жерде жашаган орустарга келишкен. Алар Атаке бийдин атынан үч илбирстин жана беш сүлөөсүндүн терисинен турган белегин император Екатерина IIге беришкен. Император сарыбагыш уруусунун өкүлдөрүн жакшы кабыл алып, алардын өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле жасаган. Элчилер кайра жөнөөрдө ал 800 рубль кумуш акчаны Атаке бийге белек иретинде жиберген. Бирок, сарыбагыш уруусунун Россия империясынын өкмөтү менен болгон байланышы ички жана эл аралык та¬таал абалдын натыйжасында жыйынтыксыз калган".
    • Кыргыз Республикасы өз алдынчалуулук алганга чейинки тарыхый адабияттардагы Атаке Баатыр жөнүндөгү негизги расмий маалыматтар мына ушулар. Бул маалыматтар Атаке бийдин тарыхый жүзүн толук ачууга өтө аздык кылат.
    • 1718-1722-жылдары кыргыздардын Ысык-Көлдүн жээгиндеги, Чуй, Талас дарыяларынын бойлорундагы жерлерин Жунгар хандыгы басып алган. Ошол мезгилдеги окуяларды Ч.Валиханов минтип сүрөттөп жазган: "Кутурган жунгарлардан куугунтукталган кыргыздар... түштүктү көздөй жолду ката мүлкүн таштап, балдарын, карыяларды, үй эмеректерин, арып-тозгон малын таштап качып отурган".
    • Атакенин атасы Тынай бий жетектеген кыргыз уруулары Кыргызстандын түштүк бөлүгүнө, азыркы Анжыян шаарынын жанындагы Сыр-Дарыянын айланасына келип токтошкон. Aлap ал жакта айыл чарбасы менен алек болушкан. Атакенин атасы Тынай бий бардык кыргыздарды башкарып, дан эгүүгө жана мал багууга үндөгөн. Атаке чоңоюп, жетилген өспүрүм курагында анын жетекчилиги менен узун арык түйүндөрү казылган, ошол арыктар бүгүнкү күндө да бар, алар "Атаке арык" деп аталат.
    • Жунгарлар ошентип качкан кыргыздардын үстүнөн бийлик жүргүзө албай калган. Бул аймакта бир аз убакытка бейпил турмуш орногону менен кыргыздар өз үй, өлөң төшөгү - Ала-Тоого кайтып келүүгө акырындык менен тынымсыз даярдык көрүшкөн. Улуу дебей, кичүү дебей аскер ишин жапырт үйрөнүшкөн. Атта жүрүү, эр сайыш, кылыч, айбалта менен чабышуу жана жаа менен таамай атуу өнөрүн кылдат өздөштүрүшкөн. Бул өнөрлөрдү үйрөнүүдө Атаке алдыңкылардан болгон.
    • Жунгарлардын басып aлyycy XVIII кылымдын 40¬жылдарынын башында Орто Азия элдеринин биригүүсүнө түрткү берген. Жунгарлардын башчысы Голден Церен өлгөндөн кийин жунгардык тактынын мураскерлеринин ортосунда элдешкис согуш оту тутанган. Бул жунгарлардын айрым урууларынын ортосундагы чыр-чатактуу согуштарды күчөтүүгө aлып келген жана алардын аскердик, экономикалык күч-кубатын өксүткөн.
    • Дал ошол учурда кыргыздар Ала-Тоону жунгарлардан бошотуп алуу үчүн күрөш ачышкан. Анжыян аймагына убактылуу отурукташа калган кыргыз калкы өз жерлерине кайта башташкан. Адамдардын агымы Тогуз-Торо аркылуу Таласка өткөн. Бул жердеги салгылаштын натыйжасында кыргыздар Таласты жунгарлардан бошотуп алышкан. Жунгарларды кууп отуруп, аларды бийик тоолуу ашуулар аркылуу түштүктөн чыгышка, Чүй өрөөнүн көздөй качууга аргасыз кылышкан. Жунгар-калмактардын бир бөлүгү кыргыз аскерлеринин кысымына туруштук бере албай, Астраханга cүpүлуп кетүүгө аргасыз болгон. Бирок, калмак- жунгарлардын калып калган бөлүктөрү бардык күчүн топтоп, Чуй дарыясынын төмөнкү агымында аларды кууп келе жаткан кыргыз аскерлеринин алдынан тосууга даярданып турушкан. Кыргыздар чукул жакындап калганда, калмактардын элчилери аларды тосуп чыгып, байыркы сaлт боюнча эки тараптан бирден жоокерди жекеме-жекеге чыгарууну сунуш кылышкан.
    • Калмактар тараптан жекеме-жекеге аскер башчысы Доргул дөө төөсү менен чыккан. Кыргыздар тараптан аргымагы менен Бердике баатыр чыккан. Бул эки жоокер көпкө чейин салгылашкан, бирок эч кимиси жеңе алган эмес. Андан соң аскерлердин салгылашы башталган. Ырайымсыз кармашууда согуш талаасында эки тараптан тең он миңдеген аскерлердин өлүктөрү калгандыгы тууралуу ушул убакка чейин айтылып келет. Кыргыз аскерлери чеч¬киндүүлүктү, согуш чеберчилигин көрсөтүшкөн.
    • Чыгышты көздөй качкан калмактардын калган бөлүктөрүн кууп отуруп, Атаке менен Бердике Токмоктун түштүк тарабындагы Көк-Жар капчыгайында Доргул менен беттешишкен. Салгылашуунун учурунда Атаке калмактардын башчысын найза менен өлтүрө сайган. Калган калмактар качып жөнөшкөн. Атаке өзүнүн аскерлери менен Чүй өрөөнүн толук бошоткон. Анын жогорку бөлүгүндө аскердик бөлүктөрдүн башчылары жыйын өткөзүшүп, ар бир аймакта ишенимдүү күчтөрдү калтыруу менен, жеңип алган жерлерин чыңдоо чечимин кабыл алышкан. Аскерлер Атакенин жетекчилиги менен согуштук аракетгерди жүргүзүп, Чоң-Кеминди бошоткон жана Тору-Айгыр ашуусу аркылуу Ысык-Көл өрөөнүнө түшүшкөн. Бир айдын ичинде Ысык-Көлдүн түндүк бөлүгү бүт душмандардан бошотулган.
    • Ысык-Көл өрөөнүн бошоткон соң, жалпыга таанылган Баатыр наамын алган Атаке сарыбагыш жана бугу урууларын чогулткан. Ысык-Көл аймагын сарыбагыш жана бугу урууларына бөлүү чечими кабыл алынган. Кыргызстандын түндүк бөлүгүн жунгар баскынчыларынан бошотуп алгандан кийин Бердике өзүнүн Ата Журту Таласка кайтып кеткен. Атаке мурдатан келе жаткан достукту жана биримдикти чыңдоо максатында, кыргыздардын байыркы салты боюнча өзүнүн максатташ досуна куда болууну сунуш кылган. Бердике Баатыр небере кызы Анарды Атакенин уулу Карабекке берген.
    • Кокон ханы Нарбото бир нече жолу элчилерин жиберип, Атаке Баатырды атайын конок болуп кетүүгө чакырган. Бир жолу уруулаштары менен кеңешип көрүп, Атаке өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен Коконго келген. Аларды абдан шаңдуу тосуп алышкан. Кокон ханы мына ушундай жолугушууну уюштуруу менен, кыргыздарды өзүнүн бийлигинин алдына оңой эле багындырып алам деп ойлогон. Сүйлөшүүлөр эки-үч күнгө созулган. Атайын сүйлөшүүлөрдүн учурунда Атаке Баатыр мыкты чечен жана кылдат дипломат экенин көрсөткөн. Атаке Баатырдын оозунан кыргыздар Кокон хандыгына баш ийет деген сөздү угууга бир нече жолу аракет кылган Нарботонун ою ордунан чыкпайт. Атаке билгичтик менен бул маселени жоопсуз калтырып, Кокон ханына жана анын жан-жөкөрлөрүнө кыргыздар көз карандысыз жана эркиндикти сүйгөн эл экендигин, аларда коргонууга жетиштүү күч бар экенин тааныта алган. Нарботонун суроолоруна Атакенин берген жооптору ушул күнгө чейин кыргыз элинин эсинде сакталып калган. Элдин айтымында, Нарбото, кыргыздарды Кокон хандыгынын бийлигине баш ийдирүү далалаты ордунан чыкпай калган соң, Атаке Баатырды дене кемчилигин айтып мазактагысы келген. Атаке Баатырдын ден соолугу чың адам болгон, бирок анын бетинде бир аз тырыгы бар эле. Бул тырыгын жунгарлар менен болгон согушта алган. Атаке ал тырыкты жашырып жүрүү үчүн дайыма таңып жүргөн.
    • Нарбото хан Атакеге:
      - Эй, менин кымбаттуу баатырым, Алла Taaлa өзүнүн жараткандарына сулуулук таратып жатканда, сиз кайда элеңиз? - деп кычыктуу суроо узатыптыр.
      - Улуу урматтуу хан, мен ал учурда бакыт багында болчумун, - деп дароо жооп бериптир. Хан кайра суроо узатат:
      - Эй, менин кымбаттуу баатырым, сиз үчүн жолуңузга атайын кымбат баалуу килемдерди төшөп койсок, атыңыздан түшпөй тебелетип, хан сарайдын босогосуна чейин келиптирсиз, муну кандай түшүнүүгө болот?
      -0, улуу урматтуу хан, мен кыргыз элинин салтын бузгум келген жок. Конок өзүнүн досунун үйүнө келе жатканда, боз үйдүн босогосуна келгенде гана аттан түшөт. Мен сиздин килемдериңизди байлык катары деле көрбөйм. Мындай килемдер кыргыздардын бир орундан экинчи орунга көчкөн ар бир конушунда кала берет, - деп жооп бериптир Атаке Баатыр.
    • Атаке Баатыр Кокондон үйүнө кайтып келгенден көп өтпөй эле Нарбото хандын 100 сарбазы келип, хан салык алганы жөнөткөнүн айтышат. Атаке Баатыр өзүнүн элинин атынан: түндүк кыргыздар Кокон хандыгына баш ийбейт, ошондуктан салык төлөөгө милдеттүү эмес деп так кесе жооп айтыптыр.
    • Ошентсе да, Атаке Баатырды өз элинин кийинки тагдыры абдан тынчсыздандырган. Коопсуздукту жана тынчтыкта жашоону камсыз кылуу үчүн күчтүү коргонуу издеген. Бул маселени чечүү үчүн Атаке Баатыр кыргыз элинин оң канатынын курултайын чакырган. Курултайга өзүнүн кеңешчилери жана жигиттеринин коштоосунда саяк уруусунан Кадай бий, кушчу уруусунан Ивада бий, бозтумак уруусунан Ташыбек бий, желдең-кесектер (бугу) уруусунан Шапак бий, солто уруусунан Бирназар бий, кытай уруусунан Муса бий, саруу уруусунан Сары Баатыр ж.б. келишкен. Бийлерден башка курултайга эл кадырлаган аксакалдар катышкан. Атаке Баатырга ал учурда Чүй өрөөнүндө, Ысык¬Көлдө, Кочкордо, Жумгалда, Нарында, Ат-Башыда, Тогуз-Тородо, Кетмен-Төбөдө ж.б. жерлерде жашаган калктардын баары баш ийишкен.
    • Курултайдын бардык катышуучулары кыргыз элчилерин Россиянын борбору Санкт-Петербургга жөнөтүү жөнүндөгү Атаке Баатырдын чечимин бир добуштан жактырышкан. Анын атынан эки кат жазышкан. Каттын бирөө Сибирь чек ара аскерлер полкунун начальниги, генерал Н.Огаревго, экинчиси Россиянын императору Екатерина IIге арналган. Россияда мурда бир нече жыл жашап келген Абдрахман Кучаковду жана Шергазыны Биринчи ыйгарым укуктуу элчилер кылып дайындашкан. Кыргыз элчилери 1785-жылы жай мезгилинде Ала-Тоодон чыгышып, 1785-жылы 29-декабрда Санкт-Петербургга жетишкен. 1786-жылы 15-декабрда чет өлкөлүк элчилердин катышуусунда кыргыз элчилерин расмий кабыл алуу аземинде Атаке Баатырдын белеги Улуу Екатеринага тапшырылган. Кыргыз элчилерин угуп, император Атаке бийге 800 кумуш рублди белекке тартуулаган. Элчилер - Абдрахман Кучаковду 100, Шергазыны 25 рубль менен сыйлаган. Екатеринанын ишенимдүү кишиси, Улуу сарайдын алдындагы кеңештин мүчөсү, князь А.А.Вяземский императордун атынан жазган катында кыргыздардын достук жөнүндөгү сунушу кабыл алынгандыгын билдирген жана "Россия соодасынын кеңейишине көмөктөшүүсүн" суранган.
    • Кыргыздардын Атаке Баатырды өтө урматтагандыгы тууралуу көп маалыматтар бар. Элдин айтымына караганда, бир жолу Атаке Баатырдын ден соолугун сураганы уруу башчылары, аксакалдар, эр жүрөк жоокерлер келишет. Жолугушууда солто уруусунун көрүнүктүү бийи, аксакал Кошой минтип айтат:
      - Зор даражалуу улуу бий Атаке Баатыр, сиздин жунгар менен болгон согушта алган жаратыңыз биздин да кайгыбыз. Биз сиздин жаратыңызды өзүбүздүкү, кыргыздардын жалпы оң канатынын жараты катары эсептейбиз. Биз сизге тез арада айыгып кетишиңизди, кыргыз жерин бошотууну улантууңузду жана элиңизди жетектей беришиңизди каалайбыз...
      Атаке Баатыр минтип жооп берет:
      - Жарат - бул мушкул эмес. Жарат жакында айыгат. Эгерде биз баскынчылардан кыргыз жерин бошотуп алууда зарыл чараларды көрбөсөк, эгерде биз кубатгуу Орус мамлекети менен өз ара түшүнүүчүлүк менен коргонуу чараны көрбөсөк, эгерде жерибизде элибиз эгин эгүү, мал багуу, жараттарын унуттуруу үчүн тынчтыкты жана бейпилдикти түзбөсөк, мүшкүл ошондо келет. Мен ушундан корком.
    • Атаке бийдин жана анын тогуз уулу - Карабектин, Таштанбектин, Абылайдын, Солтонойдун, Жанкишинин, Байшуруктун, Сартайдын, Мырзабектин, Жумаштын урпактары азыркы учурда Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө, ошондой эле республиканын дээрлик бардык райондорунда жашашат. Кытай ж.б. чет өлкөлөрдө жашаган урпактары да бар.
    • Кыргызстандын XVIII кылымдагы тарыхы дале болсо кыргыз элинин тарыхынын жетиштуу деңгээлде изилденбеген бөлүгү бойдон калууда. Азыркыга чейин Атаке Баатырдын туулган жана өлгөн жылы так эмес. Атаке бий 1738-жылы туулган деген маалымат бар.


    ПОЛОТ-ХАН                       (Башкы тизмеге)

    • Кыргыз тарыхында Пулат хандын (1844-1876) ысымынын пайда болушу 1809-жылы сегизинчи Кокон башкаруучусу Алим хандын өлтүрүлүшүнөн тартып башталган кейиштүү таржымал менен байланышкан. Жылдар өтө берди. 60-жылдардын аягы - 70-жылдардын башында Кокон хандыгы калктын нааразылыгы ташкындап-төгүлгөн көтөрүлүштөр менен козголоңдордун көптүгү жагынан жанар тоону элестетип турду. Кырдаал 1870-жылы мал арбын кырылып, калкты ачарчылык каптап, баш-аламандыктар өcүп кетиши менен ого бетер оордоду. Картайып бүткөн Кудаяр хан сокку алдында калды. Эми анын ордуна хандык кылууга мыйзамдуу укугу бар, падышалык тукумдан чыккан мурасчыны издөө зарылдыгы туулду. Ага эң татыктуу инсан, андан алтымыш жыл илгери өлгөн Алим хандын небереси Пулат бек болуп чыкты. Самаркандагы Пулат бекке кыргыз аксакалдары менен уруу башчыларынын курамы жөнөтүлдү. Бирок ал чоң атасынын жана андан кийинки Кокон хандарынын тагдырын эске түшүрүп, өз өмүрүнөн чочулоо менен, айтылган сунуштан баш тартат.
    • Улама сөзгө ылайык, ал топтун өкүлдөрү кайтып келаткан жолдо, Ташкентте, өздөрү түнөгөн үйдөн сырткы келбети Пулат бекке окшош жаш жигитти учуратып калышат. Бул түштүк кыргыздардын ичкилик уруусунун бостон уругунан чыккан молдо Исхак Хасан уулу эле. Кезегинде ал медреседе окуп, анан окуусун таштап койгон соң, өзү туулган Ухна кыштагында туугандары менен жашап, жергиликтүү мечиттин имамы болуп жүргөн. Ошол замандагы булактардын маалыматы боюнча, ал жетишээрлик билимдүү адам болгон, кишилер менен мамиле түзүүнүн тажрыйбасын өздөштүргөн, жигери жана курч акылы менен айырмаланган, анан эң маанилүүсү, езунун ички мүнөзү жагынан тайманбас аракет жасоого жөндөмдүү болгон. Кыргыз өкүлдөрү менен ачык сүйлөшкөндөн кийин жаш жигит өз атынан баш тартып, өзүнө Алим хандын небереси Пулат хандын ордуна барууга макулдугун билдирген. Бул окуя 1873-жылы болуп өткөн.
    • Кокон хандыгындагы дүрбөлөңдүү абал ал учурда жетер чегине жеткен. Чыгаан атуулдун хан тагынын мыйзамдуу мурасчысынын пайда болушу калайык-калкты бир заматта туташ ойготту. Анын айланасына дароо Кудаяр хандын душмандары, алардын ичинде жогорку чөйрөлөрдүн өкүлдөрү чогула баштады. Жалган аттуу Пулат хан арадан көп өтпөй ак кийизге салынып жогору көтөрүлдү да, ошол аркылуу хандыктын башкаруучусунун мыйзамдуу бийлигине ээ болгондой түр жасалды.
    • Аскердик ийгилик ар качан эле козголоңчуларды коштоп жүргөн эмес. Бирок жеңилүүлөр ийгиликтер менен алмашып турган. 1875-жылдын 9-октябрында козголоңчулардын аскерлери Коконду басып алган. Атасы Кудаяр хандын мыйзамдуу мурасчысы болуп саналган Насреддинбек 1868 -жылы Кокондун Россия менен түзгөн макулдашуусунан пайдаланып, россиялык аскерлердин коргоосуна качып кеткен. Мындай кырдаалды пайдаланып Россия Кокон хандыгынын аймагына өз аскерин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган, алар козголоңчуларга дароо чабуулун баштаган. Натыйжада кырдаал башкача саясый мүнөзгө ээ болгон. Эми орус аскерлери козголончулардын душманы болуп калды. Пулат хан газават - мусулман эместерге каршы согуш жарыялаган. Бирок ортодогу күч тең эмес эле. Тирешүүнүн аягы кандай бүтөөрү күн мурун эле белгилүү болчу. Барон Меллер-Закомельскийдин козголоңчулардын күчүн талкалап салган.
    • Жарадар болгон Пулат ханды россиялык аскерлердин колуна өткөрүп беришет. 1876-жылдын 1-мартында ал жана анын айрым жолдоштору аскердик¬-талаа соту тарабынан Маргалаңдын базарында даргага асуу жолу менен жазаланышат. Козголоңчулардын жолбашчысы ошондо 32 жашта гана эле. Базар аянтында эл кылкылдап батпай кеткен. Көптөр буркурап ыйлап жатты.
    • Исхак Хасан уулу жетектеген көтөрүлүш мүнөзү жагынан кайгылуу болгон жана тагдыры күн мурун чечилген. Россия ал мезгилде аймактагы окуялардын көзөмөлдөн тыш өнүгүүсүнө жол бермек эмес.
    • Искак Хасан уулу жаркын, төрт тарабы төп келген инсан болгон. Анын аракеттери кыргыз тарыхынын бир бөлүгү болуп саналат жана өз элинин эскерип-эстөөсүнө арзыйт.


    ОРМОН ХАН                       (Башкы тизмеге)

    • Ормон хандын(1791-1854) инсандык аброю доор тогошунда жогору көтөрүлдү. Кыргыз уруулары менен уруктарынын алысты ойлогон даанышман башчылары Кокон хандыгы аймакта ансыз да татаал абалды ого бетер татаалдаштырып, ишти тудгуюк жакка алып баратканын көрүп турушкан. Орто Азияга карата басып алуучулук ой-ниеттери ачыкка чыгып калган Россия ошол мезгилде барган сайын өз дымагын көрсөтө баштаган. өз аң-сезиминде эзелтеден мамлекеттүүлүктүн идеясын алып жүргөн кыргыз уруулары эмки басаар жолун тактап алуунун зарылдыгы алдында турушту.
    • Кыргыздарга жан тартуучулугу менен белгилуу Шералы Кокон хандыгын башкарып турган мезгилде бул үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ал кыргыздардын эгеменчил маанайына түшүнүү менен мамиле жасаган, анткени кыргыздардын биримдиктешүүсү аймакта султан Кенесары Касымовдун жетекчилиги астында Кокон хандыгынын мерчемдерине олуттуу коркунуч жарата баштаган казактарды токтотууга да өбөлгө боло алмак.
    • Түндүк Кыргызстандын уруулары, өзгөчө сарыбагыш жана бугу уруулары ал мезгилде өз алдынчалыкка жигердүү умтулушкан. Дал ушулардын башкаруучулары өз урууларын Россиянын букаралыгына кабыл алуу өтүнүчү менен россиялык бийликтерге өкүлдөрүн жөнөтүшкөн. 1842-жылдын жайында Ысык-Көлдүн батыш жээгиндеги Көтмалды (азыр Балыкчы) деген жерде атактуу курултай чакырылган. Мындай демилгени сарыбагыш уруусунун парасаттуу манабы Ормон Ниязбеков көтөргөн. Курултайга сарыбагыш, бугу, саяк, солто, саруу, кушчу, черик ж.б. уруулардын өкүлдөрү катышкан. Кыргыз урууларын Кокон тарабынан көрсөтүлгөн кысымга алуулар жана башка коркунучтар менен күрөшүү үчүн баш коштуруу идеясы курултайда толук колдоого ээ болгон. Сарыбагыш уруусунун бийи Жантай Карабековдун жана саяк уруусунун бийи Качыкенин сунушу боюнча кыргыздардын Башкы ханы болуп Ормон Ниязбеков шайланган.
    • Ормон Санташ ашуусуна салынган өзүнүн чебине, өзүнүн туусуна ээ болгон, үйүр-үйүр мал күткөн. Анын кыргыз урууларынын арасындагы кадыр-баркы зор эле. Курултайдын чечими өзүн актаган. Байыркы салт боюнча аны ак кийизге салып көтөрүшкөн. Иш жүзүндө бул Кокон менен тең катарда турууга жөндөмдүү Кыргыз хандыгын түзүү дегенди билдирген.
    • Жаңыдан шайланган Бүткүл кыргыздардын ханы мамлекеттик негиздерди чыңдоо боюнча жигердүү чараларды көргөн. Анын чыгарган жарлыктары кийин "Ормон окуусу" деген аталыш алган орчундуу мыйзамдык негизди түзгөн. Хандыкта коргонуунун да, кол салуунун да талаптарына бирдей жооп берген аскердик түзүлүш жаралган. Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Төрөгелди баатырдык даңкка ээ болгон жана согуштук кагылышууларга жетишерлик кол топтогон. Тышкы байланыштарды жүзөгө ашыруу үчүн да уюм түзүлгөн.
    • Хандык милдеттерин аткарууда Ормон өзүнүн дайындаган кишилери - манаптарга таянган. Соттук иштерди хандын кеңешчилери Мүдөрбек менен Миңназар жүргүзүшкөн. Оор кылмыштарга даргага асуу аёосуз жазасы берилген. Ормон хан кыргыздарды отурукташып, дыйканчылыкка көнүктүрүү боюнча чараларды көргөн.
    • Ормон хан тарабынан жасалган бардык чаралардын жыйындысынан кыргыз мамлекеттүүлүгү XIX кылымдын орто ченинде Ала-Тоодо айкын белгилерге ээ болгондугу айрыкча байкалат. Бул өзгөчө 1847-жылы султан Кенесары Касымовдун кол салуусунун мизин кайтарууда таасындалган. Ошол учурда Ормон хан куралдуу күрөштүн стратегиясы менен тактикасын жакшы өздөштүргөн кол башчынын теңдешсиз мыкты сапаттарын көрсөткөн.
    • Кенесары Касымовдун аскерлеринин талкаланышы, анын өзүнүн туткундалып, өлүмгө учурашы Россияда да, Кокондо да жактыруу менен кабыл алынган. "Ак падыша" Ормон ханды жана анын көмөктөштөрү Жантай Карабеков, дагы башкаларды алтын медалдар менен сыйлаган. Ошондой эле бүткүл кыргыздардын ханына ал мезгилде жогорку сыйлык катары саналган алтын кыймалуу чепкен тартуу кылынган. Урмат-сый көрсөтүү иретинде ал Омскидеги россиялык башкаруучуга чакырылган.
    • өзунө таандык акыл-эс, кыраакылыгы жагынан Ормон хан өз заманынын уулу болгон. Ал каршылаштарынын санын көбөйткөн абдан катаал жана өзүм билемдик мүнөзү менен да таанылган. Иш-аракеттери барган сайын Кокондун катуу тынчын ала баштаган. Ал жакта кыргыз урууларынын ортосунда чыр-чатактар менен ишенбестиктердин отун жагып коюучу айла-амалдар жолу жетиштүү эле. Мына ушундай аракет баштагы эки ынтымактуу уруу - сарбагыштар менен бугулардын ортосунда кагылышуу чыгарууга алып келген. Башка урууларды да өзүнө камтыган, бир туугандардын ортосунда араздашып, согушуунун айынан Ормон хан катуу жаракат алып, акыры каза табат. Бул болсо уруулар аралык чабыш-кыргынга алып келген да, Кыргыз хандыгынын негизи өксүгөн.
    • Ормон хан XIX кылымдын ортосундагы жаңы тарыхый шарттарда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн көкөлөп-өсүшүн камсыз кылган. Анын биздин элибиздин алдындагы эң улуу тарыхый эмгеги ушунда турат.
    • Тарыхчылар Ормон хандын кыргыз урууларын бириктирип, бир түндүктүн астында баш коштуруу боюнча бир катар алысты көздөгөн кадамдарды жасаганын адилет белгилеп жүрүшөт. Кылымдар бою эл ичинде калыптанган салт-санаалар менен эрежелерге укуктук мүнөз берген "Ормон окуусунун" осуяттары азыркыга дейре элдин эс тутумунда жашап келатат. Ошондой болсо да, Кокон тарабынан жасалган арамза аракеттердин таасири астында, Ала-Тоо жеринде ошол учурда өз алдынча кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө бет алган саясат баардык уруу¬лардын колдоосуна жетишкен эмес. Бирок, иштин башталышы оң жолго коюлган.


    ЖАНТАЙ ХАН                       (Башкы тизмеге)

    • Сарыбагыш уруусунун манабы Жантай Карабек уулунун (1794-1868) дайыны биринчи жолу 1842-жылы Ормонду Буткул кыргыздардын ханы кылып жарыялаганда катуу чыккан. Жантай Ала-Тоодогу кыргыз урууларынын эң көрүнүктүү жетекчилеринен болгон. Ошол учурда анын Кыргыз мамлекетин түзүүдөгү ээлеген орду жогору болгон. Уруулардын ортосундагы бөлүнүп-жарылуулар жана тышкы себептер чыр-чатактарды ырбатып, ошол мезгилде кыргыздардын бир мамлекетке биригүү оюн үзгүлтүккө учураткан.
    • 1854-жылы Ормон хандын өлүмү, замандаштарынын айтуусу боюнча, уруулардын ортосундагы чырчатакты ырбаткан. Түндүк Кыргызстандын элин көпкө дейре дүрбөлөңгө салган. Андай жаңы шартта Жантайдын таасири жогорулаган. Буга мисалы, 1855-жылы 13-сентябрда падышалык кызматчылардын биринин Жантайга жазган каты күбө: "Ак ниет акылман, досторунун коргоочусу, душмандан тайманбас, арстандын колу, жолборстун жүрөгү бар, урматтуу манап Жантай Баатыр Карабековго көптөн-көп таазимимди жөнөтөм, чың ден соолук, бакыт жана жыргалчылык каалайм". Каттын кайырмасы ушундай болгон. Кыязы, падышалык кызматчыллар да тегин кишилерден болбосо керек. Алар жергиликтүү башкаруучуларга көңүл жибиткен сый-урмат көрсөтө билишкен.
    • Андан ары минтип жазат: "Мага Урмандын (Ормондун) бугу уруусу менен согушу жөнүндө кабар келип жетүүдө. Урман өлгөндөн кийин (ага эми Кудай өзү калыс болот), мен ойлойм, сарыбагыш уруусунун башчысы сен болуп калдың, ошондуктан сага жакшы сөздөрүм менен кайрылып жатам. Богудан (бугудан) көп кан төгүлдү, алар көп жабыр тартышты. Эл алдындагы өзүңдүн бийлигиңдин күчү жана кадыр-баркың менен бөөдө кан төгүүнү токтоткула... Чынчылдыгы жана жүрөгүнүн актыгы менен менин урматтоомо татыган адам катары мен сага жакшы кеңеш менен кайрылам".
    • Жантайга Кокон төбөлдөрү да урматтоо менен мамиле жасашкан. 1863-жылы алардын бирөө жөнөткөн катында: "Бардык көчмөн элдер Кокон өкмөтүнө баш ийишти" деп жазып, Жантайды минтип жекирет: "Бирок, сиз, кадырлуум, бир барак кат жазып койбодуңуз, биз буга абдан таң калуудабыз". Хандыктын күчүн жана кадыр-баркын көрсөтүү үчүн сарыбагыш манабына андан ары минтип жазат: "Бизге жарашып-тил табышуу менен Кытай ханы жана Бухара падышасынан элчилер, ошондой эле Сирвандан Каратегиндер, Шатар жана Саябздан, Хитай жана Кыпчак урууларынын бектеринен адамдар келишүүдө"... Андан ары катта эскертуу айтылат: "Ислам үчүн каргыш тийген орустарга каршы кылычыбызды көтөрүп чыгуудан башка арга калган жок, биз жаздын келери менен бардык аскерлерибиз жана курал-жарактарыбыз менен бизден бөлүнүп калган элдерди бошотуу үчүн жөнөйбүз. Сиз кеңешүүгө жана ырайым алууга эртерээк келүүңүз керек". Кокон хандыгы ашкере убадаларды берүү менен Жантайды орустарга каршы жүрүшкө тарткысы келген.
    • 1860-жылы Бишкектеги кокондук бийлик башчысы Атабек датка Жантайга кысым көрсөтүү үчүн каармандыгы жана курчтугу менен атагы таш жарган анын жыйырма жаштагы уулу Шабданды барымтага алган. Чындыгында сарбагыштардын келечекте Россиянын коргоосуна өтүп кетиши жөнүндө ой Кокон хандыгын тынчсыздандырган. Кокондо Шабданды эркелетишип, Малла хан ага алтын жалатылган кылыч жана мылтык, ошондой эле жибек чепкен тартуулаган.
    • Кыргыздын тектүү өспүрүмү 1860-жылы Узун-Агачта жакшы куралданган орус армиясы менен болгон хандын аскерлеринин салгылашуусун өз көзу менен көргөн. Кокон сарбаздары чабуулдун башталышында эле орус замбиректеринин добулдай бүрккөн огуна дуушар болуп, үрөйлөрү учуп качып жөнөгөн. Бул салгылашуу кокондуктардын Тундук Кыргызстандагы үстөмдүгүнө чек койгон. Кыргыздар хандыктын Россияга каршы туралбасына көздөрү жеткен. Коконго кандайдыр бир ылымдашууга негиз жок болучу. Кысым көрсөтүүдөн, тынымсыз салык алуудан, ошондой эле талап-тоноодон башка ал жактан эчтеке келчу эмес. Таразанын ташы Россияга ооп турган. Бул Жантай Карабеков менен анын уулу Шабдандын кийиңки жолун аныктаган. Алар ушул жолду тандап алуу менен, эч качан олку-солку болушкан эмес. Жантай Карабеков тарабынан уулуна берилген эстафета ишенимдүү колдо болгон.
    • Бугу, сарбагыш, саяк ж.б. уруулардын ар бир жолку россиялык бийликке кайрылуусунун, албетте, жергиликтүү, кээде уруулук тар мүнөздөгү себептери бар эле. Бирок кайрылуулардын бардыгы башка жакка эмес, а Россияга гана жөнөтүлүп тургандыгы көп нерсени билдирген. Россия Ала-Тоонун, бүтүндөй Орто Азиянын саясый турмушунун ажырагыс түйүнү болуп калган. Мына ушундан башталган иштин айныксыз түп-максаты акыр-аягында кыргыздардын тагдыры үчүн тарыхый мааниге ээ болгон.


    ТАЙЛАК-БААТЫР                       (Башкы тизмеге)

    • Бир тууган Атантай менен Тайлак кыргыздын саяк уруусунан чыгып, XIX кылымдын башында уруулаштары менен бирге Нарын дарыясынын өрөөнүн жердеп турушкан. Алардын Цин аскерлерине каршы күрөшкө чыгуусу аргасыздыктан болгон. 1820-жылы кытайлардын жазалоочу аскерлер Жахангир баштаган кашгарлык көтөрүлүшчүлөрдүн тобун издөө шылтоосу менен Атантай менен Тайлак башкарып турган Ак-Талаа айылына кол салышкан. Айыл талоонго түшүп, жүзгө жакын киши өлгөн. Муну уккан Тайлак жазалоочулардын артынан сая кууйт. Цин аскери толугу менен талкаланат. Тайлактын бул эрдиги кыргыздардын арасында өтө белгилуу болуп калат. Баатыр даңкка бөлөнөт. Дээрлик жыйырма жыл бою Тайлак Баатыр Борбордук Тянь-Шанды мекендеген кыргыз урууларынын аскер башчысы болгон жана алардын кокондук баскынчыларга каршы күрөшүнө жетекчилик кылган.
    • Кокон хандыгы чеп чыңдоосу үстөмдүктү сактап турууга өбөлгө болот деген ой менен Борбордук Тянь-Шанга Тогуз-Торо, Куртка жана Жумгал чептерин салдырган. Күчтөрдүн саны сырт жагынан караганда Кокон тарабында көп эле. Бирок, тышкы эзүү-басынтуудан бошонууга болгон кыргыздардын майышпаган эрки чындап салынган чеп-сепилдерден бекем болуп чыкты.
    • Кокондуктарга тайманбай кыр көрсөткөн Тайлак менен Атантай баштаган кыргыз жоокерлери күрөштүн башында 1831-жылы жеңилип калышкан. Аскердик артыкчылык кокондуктар тарабында болгон. Бир туугандар туткунга алынышат. Бирок, Кокон ханы аларды өлтүрүүгө батынган эмес. Ага-инини тынчытуу максатында аларга сарай титулдарын ыйгарып, бошотуп жиберген. Коркунучтан оолактоо ниетинде алар бир аз мезгил казак жергесинде болушат да, анан туулган жерине кайтып келишип, кокондук эзүүдөн бошонуу үчүн күрөшкө кайрадан аралашып кетишкен.
    • Ханга каршы көтөрүлүүнүн жады чоң толкуну 30¬-жылдардын аягында кулач жайган. Аны Тайлак Баатыр жетектеген. Миңдеген козголоңчулар Курткадагы жек көрүмчү Кокон чебине чабуул жасаган. Андагы аскерлер курчоого туруштук бере алган эмес. Нарында эс алып жүргөн айрым кокондук бийик даражалуу кишилер козголоңчулардын туткунуна алынган. Кокондон жардамга жөнөтүлгөн аскерлер да талкаланган. Ошондо кокондук башкаруучулар кылмыштуу, жүзү каралык иш жасашкан. Кыргыз баатырына дарыгер өңдөнтүп жөнөтүлгөн тыңчы Тайлак Баатырды уулантып өлтүргөн. Ал анда 42 жашта болучу.
    • Тайлак Баатыр өзүнүн аракети жана эр жүрөктүүлүгү менен кыргыздарга кокондуктардын эч кандай сепил-чеби элдин азаттыкка болгон эркине туруштук бере албай турганын далилдеген. Кийинчерээк бул чындык кыргыздар башка Кокон чеп-чыңдоолорун камоого алган кезде да айкын көрүнгөн.
    • 2002-жылдын 27-июлунда Кыргызстандын эң кооз жайлоолорунун бири - Соң-Көлдө күн чайыттай ачык, жанга жагымдуу болду. Таң эртеден майрамдагыдай жарык маанайлуу миңдеген меймандар республиканын бардык булуң-бурчунан агылып келе башташты. Ушул күнү өлкөбүз Тайлак Баатырдын эл үчүн жасаган даңктуу иштерине таазим этип, анын 200 жылдыгын белгилеп жатты. Анын өмүрү жөнүндөгү сан баяндар менен дастандар жаралып, китептер жазылып, ал эми жогорку окуу жайлары менен мектептерде Тайлак Баатырдын ишмердүүлүгү тууралуу сабактар өтүлүп келатат.
    • Жомоктогудай кооз-көгүлтүр Сон-Көлдүн жээгиндеги мааракеге ошол учурда Ысык-Көлдө дем алып жаткан Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин барды. Бул окуя майрамдык иш-чараларга өзгөчө көтөрүңкү, толкундата турган маанай тартуулады. Ардактуу россиялык мейманды дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Акындарыбыз менен музыканттарыбыздын катышуусунда чоң майрамдык программа көрсөтүлдү. Андан сон, балбандар менен атчандардын кезеги келди.
    • Kөл боюндагы чоң дөбөнүн боорунда отурган миңдеген адамдар ат оюндарына өзгөчө кумарлана көз салышып, аларды кыйкырык-сүрөөн жана кол чабуулар менен коштоп турушту.
    • Майрамдын катышуучуларынын алдында өткөн атчандардын чубатуусунда кыз-келиндер да аз эмес эле. Ат кыргыздар үчүн, алардын ичинде аялзаты үчүн да жан боор менен тең ыйык мал болуп саналат.
    • Майрам кеч күүгумгө чейин уланды. Элибиз бул күнү өзүнүн чыгаан уулдарынын биринин жаркын элесине татыктуу урмат көрсөттү. Тайлак Баатыр менен Атантай бийдин cөөгү Куртка дарыясы менен Нарын дарыясынын куймасындагы туулган жерине коюлган. Алардын мүрзөлөрүнүн үстүнө азыркыга чейин сакталып калган чоң күмбөз салынган. Ал журт тарабынан ыйык деп саналат. Кыргыздар өз элинин көз каранды эместиги үчүн жан аябай күрөшкөн бабаларын унуткан эмес жана унутушпайт дагы.


    КУРМАНЖАН-ДАТКА                       (Башкы тизмеге)

    • Курманжан датканын аброю кыргыз тарыхында көрүнүктүү орунду ээлейт. Ал өзү жаратылыш ыйгарган жекече бийик инсандык жана мамлекеттик сапаттары менен журт башына көтөрүлгөн таңгаларлык акылдуу, эрктүү-талапчыл жана кайраттуу зайып болгон. Анын иштери менен ысымы легендаларга айланган. Ошол алыскы замандын көчүндө аны "Алай канышасы" деп аташкан.
    • Уламадан уланган сөздө Курманжандын мүнөзүнүн чыйрактыгы менен акылынын тунуктугу анын ата-энеси тандап берген күйөсүн чанып таштап кеткен кыз кезинде эле эл көзүнө көрүнгөнү айтылат. Айтканынан кайтпаган кыз өзүнөн үч эсе улуу күйөсүнүн боз үйүндө бир күн гана болуп, үйүнө баса бериптир. Ал учурда мындай окуя адам укпаган өзгөчө жорук болгон. Анан ошол учурда анын жерине Алымбек деген бек келип калат. өзүнүн бийлигине салып кайындалган жаш келинди бошотуп алат да, никелүү жубайы катары өзу менен ала кетет.
    • Алайды башкарып турган Алымбек Кокондогу хан бийлигине жакын болуп, кеп сандаган сарай оюндарына жигердуу катышкан. Гүлчөдөгү өз конушунда тынч алып жата албай, хан сарайында парваначы деген жогорку даражага жеткен Алымбек датка 1862-жылы кезектеги сарай төңкөрүшүндө козголончулардын тузагына илинип, өмүрү кыйылат.
    • Күйөсү каза тапкан мезгилде Курманжан Алайдын тагдырын өз колуна бек кармап турган. Ал бир гана алайлыктардын урматтоосуна арзыбастан, ошол эле учурда иш жүзүндө он миң жигиттен куралган ишенимдүү кошунга таянган. Ошол заманда аялга карата Чыгышта жасалган мамилеге карабастан, Кокон башкаруучулары Курманжанды "датка" даражасы менен Алайдын башкы башкаруучусунун тактысына көтөрүүгө макул болушкан. өзүнүн бой көтөргөн мүнөзу менен белгилуу болгон Кокондун жогорку өкүмдары Кудаяр хан Курманжан датканы эң атактуу бек катары тосуп алууга аргасыз болгон.
    • Кийинки, балким, Курманжан датканын өмүрүндөгү эң маанилүү учур XIX кылымдын 70-жылдарында өз аскери менен Кокон хандыгынын аймагына келген Россияга карата кылган мамилеси менен байланышкан. Биринчи кезекте өрөөндө "Ак падышанын" аскерлеринин пайда болушун Курманжан датка терс кабылдаган. Анын бул көз карашы көп жагынан уулдары тарабынан аныкталган сыяктуудай, ал эми датканын алты уулу болгон. Алар тоого бекинип алып, өзгөчө улуу уулу Абдылдабек баштап россиялык аскерлерге куралдуу каршылык көрсөтүшкөн.
    • Курманжан датканын Алайдагы кадыр-баркын жакшы түшүнүү менен, Фергананын биринчи аскер губернатору, Шипканын болочок баатыры, өзүнүн мейманын "княгиня" деп атаган генерал М.Скобелев аны бардык сый-урматын көрсөтүп тосуп алган. Орус генералы ага: "О, эр жүрөк, тайманбас уулдардын энеси. Мени да өзүмдүн уулум деп кабыл ал", - деп айткан дешет. Бул чыгыш аялынын жүрөгүн жылытат. Ал аны уулдарына каршьшык көрсөтүүнү токтотуу жөнүндө кат жазууга үгүттөйт. Курманжан датка орус башкаруучулары менен андан ары мамиле түзүүдө акыл-эстүүлүктү жана кыраакылыкты көрсөткөн. Бул иште ошол кездеги кыргыздардын арасында кадыр-баркы чоң Шабдан Баатыр көп жагынан көмөгүн тийгизген.
    • А ошондон кийин, 1893-жылы кайгылуу окуя болуп өткөн. Курманжан датканын уулдары Камчыбек, Мамытбек жана небереси Арстанбек контрабандисттердин тобунун уюштуруучулары катары камакка алынышат. "Алай канышасы" орус бийликтерине жардам сурап кайрылат. Камчыбекти куткарып калууга мүмкүн болбоду. 1895-жылы аны даргага асышат. Курманжан датка сүйүктүү уулун өлүм жазасына тартып жатышканда катышып турган.
    • Мамытбек менен Арстанбек болсо энесинин канатын сууга салып коргогон жигердуу аракетинин, ошондой эле ага жан тарткан орус бийлигинин өкүлдөрүнүн жардамы аркасында эки жылдан кийин сүргүндөн кайтып келишкен. Бул ал учун чыныгы майрам болгон. Ошол жылы Курманжан датка 85ке чыккан.
    • Курманжан датканын кадыр-баркын ушунчалык жогору болгондуктан, ал жөнүндө император Николай IIнин өзүнө айтышкан, падыша ага атайын белек тартуулоону чечкен. Белекти камдоодо зергердик иштин эң мыкты чеберлери мээнеттенген. Императордун белегин тапшыруу учун Мады кыштагына көп сандаган атчан күзөтчүлөрдүн коштоосунда Оштун уезддик начальниги келген. Ал тартуу чындыгында эле падышанын атына татыктуу белек - ичине империянын мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылып, жакут жана розалар менен кооздолгон чынжырчасы жана төөнөгүчү бар аялдардын алтын сааты болучу.
    • 1907-жылдын 1 -февралында "Алай канышасы" Курманжан датка 97 жашында каза болгон. Бул күн бүткүл кыргыздар үчүн аза күну эле.


    КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ                       (Башкы тизмеге)

    • Революциядан кийин биздин мамлекеттуулугубуздун негизин түзгөн жаркын инсандардын тизмеси Касым Тыныстановдун (1901-1938) ысымысыз толук болбой калаары айгине. Ал 1901-жылы туулуп, бар болгону 37 гана жыл жашады. Ушул эле куракта А.С.Пушкин жарык дүйнө менен кош айтышкан.
    • Жаратылыш К.Тыныстановдон эч нерсени аябаптыр - ал талант-шыгы ашып-ташыган көп кырдуу инсан катары таанылган. Касым - акын, драматург, прозачы, тилчи, адабият таануучу, фольклорчу, агартуучу болгон; акырында ал - өз мезгилинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери эле. Улуттук аң-сезимдин жаңыруу доорунда, улуттук кайра жаралуунун мезгилинде жаңы башталыштардын башатында турууну дал ушундай көп кырдуу таланттуу инсандарга тагдырдын өзү буюрган көрүнбөйбү.
    • Бул мезгил чындыгында эле улуттук кайра жаралуунун учуру болучу.
    • Жаш бөбөктөн тартып чоң кишиге чейин – бүтүндөй билимсиз эл сабатсыздыгын жоюп жатканда, бул эмне улуттук кайра жаралуу эмес бекен! Эл жапырт билимге умтулуп, алга шыктанып жатса, бул улуттук кайра жаралуу эмей эмне! Ал кез жамы журттун кылымдардан бери келаткан караңгылыктан жарыкка, жаңы дүйнөгө умтулган учуру эле!
    • Кыргыз элинин тагдырындагы дал ушундай тарыхый учурда Касым Тыныстанов бир гана Республиканын бүткүл агартуу иштеринин башында турбастан, ошондой эле алгачкы мыкты окуу китептерин түзүүгө жана жазууга да түздөн-түз катышкан. Кыргыз АССРинин биринчи Эл агартуу комиссары Касым Тыныстанов 26 жашында өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана коомдук ишке катышып, ошол эле учурда окуу китептерин жазуунун үстүндө эмгектене берет. Азыркы көрүнүктүү тилчилер белгилегендей, ал окуу китептери өзүнүн деңгээли, мазмуну жана илимий далилдери жагынан алгачкы баа-наркын биздин күндөрдө да жогото элек.
    • К.Тыныстанов "Биз эмне үчүн латын алфавитине өтүүгө басым жасайбыз?" деген макаласын жарыялап, биринчилерден болуп араб алфавитинен латын алфавитине өтүү жөнүндө маселе койгон. Бул макалада окумуштуу “латын алфавитин кабыл алуунун максаты Чыгыштын ак чалма оронгон ажы-молдолорун жок кылуу үчүн эмес, а кыйла табигый жол менен өзүбүздүн адабиятыбызды жана маданиятыбызды түзү” экендигин белгилеген. Жаңы алфавитти киргизүү жеңил иш эмес экендигин жакшы түшүнүү менен, ал "Жаңы алфавиттин достук коомун" түзөт. 1925-жылы Бишкектеги илимий-агартуучулук съездде Касым Тыныстановдун сунушу колдоого ээ болгон. Касымдын 1926-жылы жаңы жазуу ишинин калыптануу маселесине арналып Бакуда өткөн Бүткүл союздук түркологиялык конференцияда негизги докладчылардын биринен болуп бекитилгендиги эле түркологдордун арасында анын илимий кадыр-баркынын жогору экендигине күбө.
    • “Узак сапар биринчи кадамдан башталат” демекчи, кыргыз тилин улуттук маданияттын дың жеринин кыртышы боюнча алып өтүү чыныгы илимий эрдикти талап кылган иш эле. Касым Тыныстанов мектеп үчүн “Эне тил” китебин түзгөн. Баш сөзүндө ал минтип жазган: “Бардыгы жөнүндө айтпа, бирөө жөнүндө айткын” деген макал бар. Биз дагы бул китепти билимибиз ашып-ташып жаткандыктан эмес, зарылдыктан гана жаздык”.
    • К.Тыныстанов кыргыз тилинин тыбыштык катарын зор шыктануу менен жазгандыгын, тыбыштардын классификациясын бергендигин, бүгүн да өз маанисин жоготпогон аныктаманы сунуш кылгандыгын тилчилер бир добуштан белгилешет. Аны Ата Мекендик фонологиянын баштоочуларынын бири катары эсептешет. Андан кийин К.Тыныстанов эне тили боюнча окуу китептерин жазууда чоң ишке киришкен. Анын бул дың бузган эмгеги азыркы учурдун талаптары боюнча да жогорку баага татыктуу.
    • Касым Тыныстановдун эмгектеринен кыргыздардын бүтүндөй бир мууну сабаттуулукту өздөштүрүп, эне тилинде жазууга үйрөнгөн. “Кыргыз тилинин морфологиясы” туруктуу мектеп окуу китебинин үлгүcү болуп калды. Кийинки окуу китеби – “Кыргыз тилинин синтаксиси”. Бул эмгектин редактору болочок академик биздин атактуу сөздүктөрүбүздүн түзүүчүсү - К.К.Юдахин болгондугу өзгөчө маанилуу.
    • К.Тыныстанов мамлекеттик ишмер катары Ата Мекендик илимдин, маданияттын, искусствонун өнүгүшүнө зор камкордук көргөн. К.Тыныстановдун өтүнүчү боюнча атактуу тарыхчы В.В.Бартольд кыргыздардын тарыхы боюнча эмгек жаза турган оюн билдирип, өзүнүн бул убадасын орундатууга жетишти: анын “Кыргыздар” аттуу эмгеги - ХХ кылымдагы түркологиядагы көрүнүктүү изилдөөлөрдүн бири. Касым Тыныстанов бүткүл дүйнөгө белгилүү окумуштуу Е.Д.Поливановду Кыргыз илимин өнүктүрүү учун Кыргызстанга чакырган: кийинчерээк жакын достордон болуп калышкан бул эки окумуштуунун тагдыры трагедиялуу аяктады - тоталитардык түзүлүштүн эч кимди аябас ырайымсыз маани-маңызы мына ушундан көрүндү.
    • Касым Тыныстановдун адабий-көркөм чыгармачылыгы 1920-жылы, ал Ташкентте Казак-Кыргыз инсгитутунда окуп жүргөндө башталган. Казак тилин тезинен үйрөнүп алып, ал бул тилде алгачкы ырларын жазат. Көптөн үмүттөндүргөн адабий идирегине шыктанган жаш акын 1922-жылдан тарта –“Ала-¬Тоо” аттуу ырынан кийин эне тилинде жаза баштайт.
    • Казак жана кыргыз тилдеринде жазылган акындын сүйүү ырлары, ошондой эле кыргыз тилинде жазылган “Жаңыл Мырза” поэмасы 1925-жылы Москвадан өзүнчө жыйнак болуп жарык көргөн. Тилекке каршы, бул китеп акындын алгачкы жана акыркы жыйнагы болуп калды. Касым Тыныстановдун бардык чыгармачыл жана илимий изденүүлөрүнүн борбору "Манас" эпосу болгондугу анык. Окуялар ырааты менен “Манастын күмбөзү” аттуу ырынан башталып, андан ары уланып, акыры кайгы менен бүттү. 1925-жылы РКП(б) обкомунун Агитпроп коллегиясынын жыйынында К.Тынысганов “Манас” эпосу жөнүндө доклад менен чыгып сүйлөгөн. Анын сөзүнүн жыйынтыгы боюнча төрагалык кылган Төрөкул Айтматовдун колу коюлган протоколдо “Манас” поэмасын жакын арада басып чыгаруунун зарылчылыгы жөнүндө” айтылат.
    • 1935-жылы “Манас” эпосуна арналган биринчи Бүткүл союздук конференция болуп өткөн. Негизги докладчылар катары профессор К.Тыныстанов, профессор Е.Д.Поливанов жана казак жазуучусу М.Ауэзов чыгып сүйлөшкөн. К.Тынысганов өзүнүн докладында окумуштуу иретинде жогорку чеберчиликте Манас таануунун негизги маселелерин ирээттештирүүгө жетишкен. К.Тыныстановдун, Е.Поливановдун илимий докладдары, андан кийин М.Ауэзовдун эмгектери негизин Ч.Валиханов менен В.Радлов түзгөн Манас таануунун классикалык мезгилинин алгачкы жыйынтыгы болуп калды.
    • К.Тыныстанов партиялык бийликте чоң кызматтарды ээлеген эмес. Ал биринчи Эл Агартуу комиссары болгон. Анын адамдык касиети мына ушунда эле. Бирок, ошол мезгилдин жаркын инсандары сыяктуу эле, аны да кайгылуу кырсык четте калтырбады. 1937¬жылдын 1-августунун түнүндө ал камакка алынды. Ошол кезде анын досу окумуштуу Е.Д.Поливанов дагы камакка алынган эле. Ошол жылдары “Манас” эпосун кеңири жайылткандардын бардыгы репрессияланган. Сталиндик баш кесерлердин колунан профессор Касым Тыныстанов да курман болду.
    • Эң сонун окумуштуу, ар тараптуу талант-шыгы төгүлгөн адам, залкар акын, драматург, прозачы Касым Тыныстановдун кыска, бирок азаптуу өмүрү кайгы менен бүттү. Ал жарык дүйнө менен күлгүн чагында кош айтышты. Мындай чанда бир өзгөчө туулган адамдын өзү менен көп нерселерди ала кеткендигин, катаал режим анын көп кырдуу шыгынын толук ачылышына мүмкүнчүлүк бербегендигин сезүү кандай гана өкүнүчтүү. Бирок биз, кийинки муундар, Касым Тыныстановго алгачкы кеңири жол чапкан башталыштары учун, келечектеги муунга калтырууга үлгүргөн баалуу мурасы үчүн ыраазыбыз. Бул мурасты улуттук сыймык катары сактоо - биздин парзыбыз.


    ИСХАК РАЗЗАКОВ                       (Башкы тизмеге)

    • Исхак Раззаков (1910-1979) жөнүндө эскерүү көптөгөн кыргыздардын аң-сезиминде жашап келатат. Ал БКнын биринчи катчысы катары Кыргызстанды жетектөө менен, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштен кийин өз эли менен бирге татаал, ошол эле учурда жаркын жылдардын турмушун башынан өткөрдү. Республиканы согуштан кийинки кыйынчылыктардан чыгаруу, анын өнүгүшүнө жаңы стимул берүү милдетин алганда, И.Раззаков 35 жашта болучу.
    • И.Раззаков 1910-жылы Баткен областында туулган. Томолой жетим болуп өcүп, балдар үйүндө тарбияланып, турмуштун кыйла оорчулуктарын башынан кечирди. Бала чагынан эле башкалардан айырмалап билимге, китепке умтулган. Улуту кыргыз болсо да, орус, тажик, өзбек тилдеринде жакшы сүйлөгөн, өзүнүн ички ишеними боюнча интернационалисг болгон. 1931 -жылы Ташкенттеги агартуу институтун аяктап, окутуучу болуп иштегенден соң, Москвага, СССР Мампланынын институтуна окууга жиберилген.
    • Москвадан кийин И.Раззаков өзбекстанга кайтып келип, Совнаркомдун төрагасынын орун басары, өзбекстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы болуп иштеген. Аймакташ коңшуларыбыз аны ар дайым ыраазы болуу менен жылуу эскеришет. 1945-жылы И.Раззаков Москванын тапшырмасы менен Кыргызстанга республикалык партиялык уюмду жетектөөгө келет.
    • Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде өлкөбүз көптөгөн уулдарынан айрылды, ал эми эл чарбасы кризиске туш болду. Отуз беш жаштагы Исхакка зор жоопкерчилик тагылды. Ал өзүнө тапшырылган ишти абийирдуулук менен орундата алды. Буга ал тарабынан республиканын экономикалык мүмкүнчүлүгүндө калтырган ийгиликтер анын демилгеси менен аракетинин натыйжасында түзүлүп-өнуккөн көптөгөн жаңы өндүрүштүк ишканалар, транспорттук, чарбалык, энергетикалык жана социалдык инфраструктуралар күбө.
    • Ошол учурдун шарттарында иш тажрыйба жана билим менен бирге: зор уюштуруучулук шык, аналитикалык ой жүгүртүү патриоттук дух, алдыга коюлган милдеттерди орундатуу үчүн күрөшө билүү талап кылынгандыгы белгилуу. Ал эми бул үчүн майтарылбас эрк-мүнөз зарыл эле. И.Раззаков республиканы жетектеген ошол мезгилде өлкөдө жалгыз адамга кулдук уруу режими өкүм cүpүп, көптөгөн өз алдынча ой жүгүрткөн, демилгечил адамдарды улутчул жана эл душманы катары жазага тартышкан. Москванын көзөмөлүсүз жана уруксатысыз жер-жерлерде бир да проблема чечилген эмес.
    • Ошондой оор мезгилде Исхак Раззаков Борбордун алдында республиканын кызыкчылыгын коргоп, өмүрүнүн акырына чейин кыргыз жеринин гүлдөп¬ өсүшү үчүн ак дилде күрөшкөн. Республиканын интеллигенциясын сактоо, интеллектуалдык потенциалын көтөрүү ишине кошкон салымы өтө бараандуу. Ал жетекчилик кылган мезгилде отузунчу жылдары репрессияланган республиканын көптөгөн көрүнүктүү партиялык жана мамлекеттик ишмерлер акталган жана алардын жаркын ысымдары калыбына келтирилген.
    • И.Раззаков республиканын илимий-билим берүү потенциалынын өнүгүшүнө өзгөчө камкордук көргөн. Ошол жылдары Илимдер академиясы, Кыргыз мамлекеттик университети, Политехникалык институт, Кыргыз кыз-келиндер институту, Ош, Пржевальск пединституттары, Кыргыз дене тарбия институту, көптөгөн илимий жана агартуу мекемелери түзүлгөн. И.Раззаковдун жекече демилгеси жана активдүү катышуусу менен улуттук кадрлар даярдалган. Билимге чаңкаган таланттуу уландар менен кыздар Москванын, Ленинграддын, Новосибирскинин, Омскинин жогорку окуу жайларына жиберилген. Муну 1943-1952-жылдары СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалын жетектеген көрүнүктүү окумуштуу, академик К.И.Скрябин баса белгилеген.
    • Республиканы И.Раззаков жетектеп турган мезгилдерде Кыргызстанда маданият менен жалпыга маалымдоо, басма каражаттарын өнүктүрүүдө сезилерлик натыйжаларга жетишилген. 50-жылдарда республикада адабият менен искусствонун бардык жанрларында чыгармалар жаралган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи он күндүгү бүткүл Союзга Кыргызстандын элин, анын маданиятын даңктады. И.Раззаковдун бул Декадада артисттердин, акындардын ийгилигине, кыргыз элинин маданий мурасына чын жүрөгүнөн кубанганын замандаштары көп айтып жүрүшөт.
    • Адетте, Сталин заманындагы парткызматкерлерди катаал буйрукчул сапаттарга ээ болгон төбөлдөр катары элестетишет. Бу талаш тыянак. Мына И.Раззаков өз мезгилининин мыкты атуулу болгон. Чындыгында эле анын уюштуруучулук жөндомү мыкты болгон, бирок аны өзгөчө интеллектуалдык сапаттары айырмалап турган. Ал өз элинин тарыхына терең сүңгүп, анын байыркы тамырын изилдеп, биздин жаралуубуздун алгачкы булактарына чейин жеткен.
    • И.Раззаков кыргыз элинин байыркы тарыхын билүүгө зор салым кошуп, анын улуттук аң-сезиминин жогорулашына өбөлгө түзгөн. Түп нускалуу документтерден тарыхты үйрөнүү үчүн ал таанымал тилчи Муса Маруфийден араб жана перси тилдери боюнча сабак алып, турк элдеринин биринчи лингвисттик сөздүгүн түзүүчү Махмуд Кашгари, Манас тууралуу биринчи жазма булактын автору Сайфаддин Аксыкенти өңдүү чыгыштын илимий ой жүгүртүүсүнүн эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн эмгектерине, ошондой эле орто кылымдагы кыргыздардын жол көрсөтүүчүсү Муххамед-Кыргыздын ишмердигине кайрылган. 1946-жылы ленинграддык белгилуу тарыхчы А.Бернштам менен жолугушкан. Мына ушундан кийин И.Раззаковдун көрсөтмөсү боюнча Манастын 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча демилге көтөрүлгөн. 40-50-жылдарда Москва менен Ленинграддын илимий-маданий борборлорунун көрүнүктүү окумуштууларынын жана коомдук ишмерлеринин катышуусу менен "Манас" эпосун тереңдеп иликтөө, кыргыз элинин тарыхын изилдөө жана тактоо боюнча кыйла иштер аткарылган. 1952-жылы биринчи жолу "Манас" эпосу басылып, ал эми 1956-жылы кыргыз элинин пайда болушунун тарыхы (этногенезис) боюнча буткул союздук илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн. "Манас" эпосунун чыныгы элдүүлүгү далилденген.
    • Исхак Раззаков жеке гана кыргыз элинин эмес, ошондой эле бүтүндөй Орто Азиянын көрүнүктүү инсаны, мамлекеттик жана саясый ишмери болгон. Элибизде "Баатырлар катаал күндөрдө жаралат" деген накыл кеп бар эмеспи. Адамзаттын тарыхында кылымдардан бери ар качан ушундай.
    • Совет доорунун Орто Азия элдери үчүн караңгы да, жарык да жактары болду. Кедей-кембагалдарга билим берген, акысыз билим берүү системасын киргизген Совет бийлиги болбогондо, Хоросон айылынан чыккан томолой жетим Исхак Раззаков өндүү көрүнүктүү инсандар кайдан чыкмак. Илим, билим беруу, маданият жана саламаттыкты сактоо - адамдын өмүрүнүн ажырагыс бөлүгү. Алар болгон учурда гана биз Исхак Раззаков сыяктуу инсандардын чыгышы үчүн шарт түзө алаарыбыз анык.

  • Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
    Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ