БАГЫТТАМА    (КОНЦЕПЦИЯ)                 (Долбоор)
Улуттук Кайра Жаралуу Тилектештиги       Бишкек шаары 19.03.2009.

1. Кыргыз коомунун түзүлүшү    /тарыхый негизде/

    ♦   Кириш сөз

    Урматтуу окурман! Бул багыттаманы зерикпей окуп коюңуз. Бир эмес, бир канча жолу окуңуз. Чындыгында эле кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин келечеги жөнүндө ойлонуп, ичиңизде бышып-күйүп жүргөн болсоңуз, бул сунуш сизди да кайдыгер калтырбайт.
    Окуган соң кошуна, дос, туугандар менен чогулуп алып, ийне-жибине чейин талкууга алыңыз. Ой-сунуштар болсо, байланышка чыгыңыз. Кошумча-алымчаларыңыз болсо кат аркылуу тартынбай билдириңиз.
    Бул багыттаманын көлөмү аз болгону менен көтөргөн жүгү салмактуу, көздөгөн максаты олуттуу. Анан да бул багыттама бир киши эмес, бир канча киши кеңешип, талкуулап, он ойлонуп, жүз толгонуп жатып жазылган. Эки-үч жолу элдик жыйындарда талкууланган.
    Ошого карабастан бул долбоор азыркыдай жол таппай турган учурда, анан калса Кыргызстанды эле эмес, дүйнөнү каптаган саясий-экономикалык, руханий-идеологиялык туташ каатчылыктын учурунда щоола чачып, кыдыр даарыган жол болуп калаар деген аруу тилекте калың элдин талкуу-таразасына алып чыгуудабыз.
    «Демократия деген болбогон нерсе, бирок адам баласы мындан дурус жолду таба элек» деп Черчил өтө талылуу маселеге таамай баа берген жайы бар. Бирок ал кыргыз демократиясынан кабары жок болгон үчүн айтты да...
    Чынында кыргыздын коом түзүү, башкаруу тажрыйбасы өзгөчө экенине сиз да ушул багыттаманы окуп чыкканда дагы бир жолу ынанасыз. Эгер андай болсо, калайык калк макул болсо, ата-бабалардан келе жаткан жолго түшсөк кантет деген чоң суроо менен элге кайрылдык.
    Ой айтууга, сунуш киргизүүгө ар бир адамдын конституциялык укугу бар. Бул долбоорду алып чыгуу менен биз азыркы түзүлүштү бүгүн-эртең эле күч менен кулаталы, бийликтегилердин баарын кубалайлы деген максатыбыз жок. Тек гана эртеби-кечпи, жылдардын бир жылдарында өзүбүздүн улуттук жолубузга түшөөрүбүзгө терең ишенип, ушул багытты эмитен сунуштап жатабыз.
    Бул мен кыргыздын атуулумун деген ар бир инсан терең ойлонуп чечүүчү орчундуу маселе. Анда сөз сизде, окурман!


    ♦   Багыттама /Концепция/

    Өзүн “кыргыз атуулумун, мекеним, улутум, мамлекетим бар”- деп эсептеген жана ушул үч сөздү терең маанисинде түшүнгөн адамга бөлүнгүс, алмаштырылгыс, сатылгыс, ченемсиз, баасыз үч ыйыктык Мекен, улут, мамлекет болуп эсептелет.
    Мына ушул үч ыйыкты чыныгы ыймандуу атуулдар өмүрүнөн жогору койгон. Ушул үч ыйыкка кол тийгизбей бапестеп, муундан муунга өткөрүп сактап, керек учурда тартынбай өмүрүн берген. Атуулга өмүрдөн кымбат Мекени, улуту, мамлекети гана болот.
    Демек адам түшүнүгүндө ыйыктын ыйыгы катары коргооруң да, гүлдөп өсүшү үчүн кам көрүп, ак эмгегиңди жумшаарың дагы - бул Мекен, улут, мамлекет.
    Бул үчөө бөлүнбөй өсүп-өнүгүш керек. үчөө бөлүнгөн күнү ыйыктык касиетинен айрылат. Кудуреттүү күчүнөн айрылат. Жер жүзүндө Мекени, улуту бар, бирок мамлекети жок миллиондогон атуулдар армандуу өмүр сүрүп жашоодо. Улут катары аты бар, бирок бөлүнгөн чек аралуу мекени, мамлекети жоктор да бар.
    Мекени, мамлекети бар, бирок бирдиктүү бир улуттан түзүлбөгөн, “бүгүн-эртең бөлүнүп кыйрап каламбы” деп өмүр бою коркунучта жашагандар да бар.
    Акыл таразасына салган адамга Мекени, улуту, мамлекети бар болуу жараткан тарабынан берилген дөөлөт, ыйык кут.
    Ушуну түшүнүп, жүрөктө багуу керек. Буга түшүнүгү жетпегендик адамдык парасаттын деңгээлинен төмөн түшкөндүк болот.
    Демек Мекени, улуту, мамлекети бар атуул ушул үч ыйык үчүн бүт акыл-эсин, эмгегин, күч кубатын жумшап, ак кызмат өтөөcү ыйык парз. Бүгүн кыргыз улутунун жараткан тарабынан берилип, колунда турган эбегейсиз чоң куту – мына ушул Мекени, улуту, мамлекети үчөө тең бар болгону.
    Кыргыз кыргыз болуп жаралганынан канча миң жыл өткөнүн тарыхта тактоо оор. Билгенибиз бир нече жолу Мекенинен сүрүлүп, мамлекетибиз кыйраган, мамлекеттүүлүгүбүздөн айрылган, атүгүл улут катары жоюлуп кете жаздаган учур тарыхта кашкайып эн тамгадай көрүнүп турат.
    Бүгүн Мекенибиз, улутубуз, мамлекетибиз бар. Бирок ушуну түбөлүк бузулгус, туруктуу кылып сактай алабызбы? Гүлдөп өсүшүнө шарт түзө алабызбы деген суроо ар бир таза кандуу кыргыз уул-кызынын өзөгүн өрттөп, жан дүйнөсүн кыйнап турса керек.
    Мунун жолу бар.

    ♦   Биригүү сыры

    Ата-бабаларыбыз дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок керек учурда ички жана сырткы күчтөрдүн тирешүүсүнүн таасиринен коргоно алган, жай турмушта өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн, теңчил, демократиялуу ар кандай шартка ылайыктуу кыргыздын улуттук мамлекетинин өзгөчө түзүлүшүн бизге мураска калтырыптыр. Бүгүн кайра ошол бир кезде кыргыздын гүлдөп өсүп өнүгүшүнө, дүйнөнү дүңгүрөткөн өлкө түзүшүнө эбегейсиз чоң салымын кошкон улуттук биригүү жолун калыбына келтирүүдө турат.
    Бул, Оң, Сол, Ичкилик канаттары болуп биригүү сыры. Жоо жакалап турган көчмөн мезгилде ат жалын тартып минген бүт эр бүлөөнүн мойнунда жоокерлик милдет турган. Капылет жоо келатат деген кабар келээри менен жайчылык турмушта малын багып, эгинин өстүрүп, тиричилигин өткөргөн эр азамат жоо жарагын шайланып, жоокер болуп чыга келиши шарт эле. Иш жоокер боло калуу менен бүтчү эмес. Каардуу жоого каршы туруш үчүн жоокердик тартип, уюшкандык, чагылгандай ылдам, ырктуу чабуул, аскадай бекем тосмо уюштуруу ирээти керек болчу.
    Көчмөндөрдү ар коктудан чогултуп, ирээтке келтирип, жоо менен жолугушуучу тартиптүү аскер түзүү Оң, Сол, Ичкилик ыгы болбогондо түшүндүрүү айлап созулуп, алар бириккиче эле жоо таш-талканын чыгарып талкалап кетмек.
    Оң, Сол, Ичкилик түзүлүшү мындайга жол берген эмес. Ар бир эр бүлөө ондукка, ондук жүздүккө, жүздүк миңдикке, миңдик түмөнгө кошулган. Ошол эле маалда ар бир эр бүлөө өзү кайсыл туунун астында экенин, оңдун туусуна же солдукуна барыш керек экенин билген.
    “Жоого аттан” деген кабар угаары менен жарагын алып аттанып, өз туусун көздөй чапкан. Ал жерден ондугу жүздүгүн, жүздүгү түмөнүн тапкан. Чай кайнам убакыт өтпөй кайда жумшап, кайда шилтесе даяр тартиптүү, бир буйрук менен чабуулга өтө турган же жоо тосууга кол даяр болгон.
    Оң, Сол, Ичкилик кылып түтүн башына бөлсө, чаташып кайсыл түтүн кайда экени белгисиз болуп баш айланмак.
    “Мен оңдо, сен солдо” деген талаш-тартыштар болмок.
    Эң оңой жана тартиптүү жолу - уруу, уруу кылып бөлгөн. Ар бир эр бүлөө өзүнүн кайсыл уруудан экенин жакшы билиш кыргыздар үчүн ушундан улам да канга сиңген. Ар бир уруу өзүнүн кайсыл канатта экенин жакшы билген. Уруулар негизинен жайгашып, жашаган аймагы боюнча бир жерди жердеп, чогуу жүрүшкөн. Ошол эле маалда оор түйшүк түшкөндө кандаш жакын туугандардын бири-бирине жакын жүрүшү ынтымакты күчөтүп, бири-бирине жакындан жан тартып күйүмдүү, биримдиктүү күч болууга шарт түзгөн. Ушундай терең маңыз-маани менен бириккен улут жоокердик майданда да, кадимки тынч турмушта да жеңиштүү жашоо кечирген.
    Мындай жоокерлик ыкчам биригүү ыгы жогорулап өсүп, мамлекет коопсуздугун сактап, элди башкаруу бийлигин бекемдеген.
    Оңдун, Солдун, Ичкиликтин бирдей сандагы өкүлчүлүгү эл башында бийлик жүргүзүүгө катышкан. Бул чыныгы элдик бийлик болгон. Себеби, өз өкүлүн бийликке өкүлчүлүккө жиберген өкүлү ошол жиберген уруунун таламын талаша албаса, уят кылса жалпы эл кызыкчылыгы үчүн акыл жүгүртө албаса, ар бир урууда ошол замат кайра чакырып алуу укугу болгон. Ошол эле маалда ар бир кыргыз эр уулу болобу, кыз бала болобу төрөлүп, жарык дүйнөгө келгенден, өз жеке керт башынын абийринин астында, ошол эле мезгилде эл алдында жоопкер болгон. Ошондуктан кыргызда эки адам жолукса ат сурашкандан кийин эле “урууң кайсыл?” деп сураган уруусун айткан соң, жети атасын сураган. Уруусун, жети атасын билген адам өзүнүн тарыхын кыскача айтып берген. Ошондон эле анын ким экени айдан-ачык болуп калган.
    Ошондуктан ар бир эр бүлөө уруу намысынын жүгү мойнунда экени, эгер жаман иш жасаса “А-а, ал баланча уруунун баласы болчу. Ошол турбайбы” деп бүтүндөй бир урууну кепке-сөзгө калтыраарын билген. Бул элден-журттан чыгууга тете болгон. Ошондуктан кылымдардан кылым өтсө да кыргыздарда түрмө болбогон. Ар бир уруу өзүнөн чыккан тентекти жалпылап тартипке чакырып тарбиялап турган.
    Тартипке көнбөгөнүн, уруу өзүнөн чыгарып салган. Андайды коңшу уруулар да кабыл алган эмес. Ошентип, тирүү өлүккө айланган. Башка жакка кетсе, өмүрү өткүчө өзү эле эмес, тукуму менен кул болгон. Мындан ашкан оор жаза жок эле.
    Кыргыз ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөгөнү да ошондон болгон. Оюна келгенди сүйлөй берсе, бир уруу элди башкалардын астында сөзгө сындыраарын билген. Кыргызда ошондуктан элине өмүрүн арнаган, кеп-сөз билген, акылы тунук көсөмдөрү жашы алтымыштан жогорулаганы аксакал аталып, журт башында бийлик жүргүзүүгө кошулган. Ак сакалдык сакалдын агынан, жашынын улуулугунан эмес, көсөмдүгүнө берилген. Мисалы, Бакай элүү жашында журт атасы аталып жатпайбы.

    ♦   Бүгүнкү биригүү эртеңки келечегибизди аныктайт

    Так ушул ата мурас, улуу касиеттүү Оң, Сол, Ичкилик биримдигин бүгүн кайра тирилтип, учур талабына ылайыктап айрым жерлерин жаңылап, эң башкы өзөгүн, тамырын так өзүндөй калтырып жашоо турмушубузга кабыл алмайын кыргыз улутунун да, мамлекетинин да келечеги болбойт. Кыргыздын улут катары сакталып, мекенин күтүп, мамлекетин гүлдөтүп өстүрөөрүнө так, ишенимдүү, келечектүү ыңгай шарт түзүлбөйт.
    Оң, Сол, Ичкилик биримдиги толук кандуу жашоо турмушубузга кирип жандана баштаган күндөн улут, мекен, мамлекет үч ыйыктыгынын түбөлүктүүлүгүнө бекем ишеним түзүлөт.
    Кантип? Бул жөнөкөй түшүнүк. Бүгүн биз өзүбүзгө-өзүбүз эки жүздүүлүк кылып, батышты ээрчип партия дегенди түзүп, бирок шайлоого келгенде күбүрөшүп, сүйлөшүп, “бул Сарбагыш, тигил Тейит, мунусу Мундуз тура”- деп шайлап жатабыз.
    Оң, Сол, Ичкилик болуп жүзүбүздү ачсак жүүттөр ойлоп тапкан эки жүздүү саясаттан кутулабыз да, кыргыздын улуттук касиетине өтөбүз.
    Ар бир урук, уруу өзүн тактайт. өзүн тактаган соң, кайсыл канатка кирээрин тактайт.
    Оң канатты мисалга тарталы. Сарбагыш, Солто, Бугу, Саяк, Моңолдор, Черик жана башкалар. Так эсеби чыккан соң, ар бир уруу өз уруусунун ичинен өкүлүн тандайт. Мисалга ар бир уруудан жүздөн өкүл дейли. Жогорку жети урууну жети жүз өкүлү биригип өздөрүнүн жыйынын өткөрөт да, жетимиш же, жүз өкүлдү Оң, Сол, Ичкиликтин Элдик Улуу Курултайына жиберет.
    Элдик Улуу Курултайга үч тараптан бирдей өкүлдөр келип катышат да, жалпы улуттук, мекендик, мамлекеттик кызыкчылыктагы чоң маселелерди ортого салып чечишет.
    Бул эми үстүртөн сүрөттөгөндө ушундай түс берет.
    Эми ичине үңүлүп, кайра башынан колдон келишинче чечмелеп, так түшүндүргөнгө аракеттенели. Себеби, бул бүгүн колдон чыгып жок болуу жолуна түшүп калган улуттук өзөктү калыбына келтириш үчүн толук токтолуп, кеңири түшүндүрүү сөзсүз керек.

    ♦   Алгач уруулук түзүлүштүн бекемделиши тууралуу

    Биринчи сере

    Ишти ар бир урууну тирилтүүдөн баштоо керек. Сөздүн түз маанисинде ушундай. Мурда ар бир уруу тирүү, жандуу болчу. Азыр «өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок» деген абалда.
    Уруулар кантип жанданат? Ар бир уруу өзүнүн так эсебин алат. Кимиси кайда жашайт, саны канча, кимиси кайда иштейт. Эр бүлөөсү канча тактап чыгат. Андан соң ар бир уруу өзүнүн жыйынын, ынтымагын өткөрөт. Жыйын ынтымагында урук, уруу ичиндеги ынтымак бекемделет. Уруу, урук башчысын, төрө, аксакал, билги, бийин шайлашат. Эн тамгаларын такташат. Башка уруулар менен байланышта канат ичинде, Элдик Улуу Курултайда уруу атынан катышып, өкүлдүк кыла турган жоопкер өкүлдөрүн аныктап бекитишет. Ушул жерде кошумчалай кете турган нерсе биз жогоруда кеп кылгандай айрым бир жайылып, чачырап кеткен уруу жети атасынан беркини тактап, түпкү уруусун аныкташы керек. Кыргызда жети атасын билиштин сыры ушунда. Жети атадан ары өткөндү «Кыз алышкан тууган» дейт. Жети атадан бери кыз алышууга уруксат жок.
    Ар бир уруу тукумунун алмустактан бери келаткан негизги жоопкерчилиги төмөнкүдө:
    - Дайыма уруу астындагы жоопкерчилигиңди сезип, аны чын дилиңден мойнуна алып, бир көз ирмем да унутпай, көкүрөктүн тереңинде сактоо;
    - Жаңылып сүйлөсөң, жаман ишке барсаң ата тукумуңдан бери бириккен кандаш-жандаш бүтүндөй бир уруулаштарын башка уруулардын астында сындырып «сөзгө сөлтүк, кепке кемтик» болоорун эч убакта эстен чыгарбоо;
    - Уруу ичиндеги бардык жашоо турмуш, келечек максат жөнүндөгү иштерге жоопкерчиликтүү катышуу;
    - Уруу тарабынан кабыл алынган жаңы жоопкерчилик тартибин кабылдоо жана ага баш ийүү менен кынтыксыз аткаруу.
    - Уруулаштарың кандаш-жандаш экенин эстен чыгарбоо жана дайыма ынтымак көмөк ишине үзбөй катышуу;
    - Уруу, аталаштарыңдын жамандык-жакшылык ишине тике туруп катышуу милдетиң бар экенин билүү;
    - Уруулар аралык мамилелердин ынтымагын көңүлдөн чыгарбоо, аяр болуу;
    - Мекен, улут, мамлекет кызыкчылыгы уруу кызыкчылыгынан жана жеке жашооңдун кызыкчылыгынан жогору тураарын жана бул үч ыйык куттун астында дайым таазим этип, талаш-тартышсыз баш ийүү керектигин билүү;
    Урууларды тирилтүүдөгү иштин так болушу үчүн аты-жөнү, жашаган жеринен бери тактоо зарыл. Ар бир урук, уруу тукумдаштарынын так санын аныктаган соң, ар бир уруу тукуму өзүнүн жети ата тегин айтканда дал келгенге чейин санжыра, тарых ж.б. булактардын негизинде иштелиши зарыл. Ошондо гана ар бир уруу өзүнүн тукумун тактап чыкты деп айтууга болот.
    Уруулар өздөрүн-өздөру тактап, ирээтке келтирүү ишинде жөн гана уруунун санын, жашаган жерин билүү менен иш бүтөт деп ойлобош керек.
    Уруу ишин жөнгө салуу аракетинин эң башкы ийгилиги бирин-бири издеп-тактап, жыйын өткөрүү менен бир туугандык, тукумдаштык улуу төрөлүү жүрөт. Бири-бирин колдоо, ынтымакка келүү, көмөктөшүү, каралашуу сыяктуу ар бирибиздин каныбыздагы уктап жаткан сезимдер ойгонот. Ал көкүрөк туюмуңдун көзүн ачат. Бул жоопкерчиликти, жоопкерчилик намысты жаратат. Намыс болсо Мекенге, улутка, мамлекетке түбөлүккө жашоо берет. Көчмөндүк каныбыз денебизде дүргүйт. Жараткан Теңир өзү колдоп, ата-бабанын, Манас атанын арбагы козголот, коргойт. Алардын ыйык осуятын аткарган болобуз.
    Адил атабыз (Аттила), кийин Чынгызхан кантип улуу империя түзүп, дүйнөнү жеңип алышканынын сыры ушунда. Бир да жоокер мен өлсөм артымдагы балдарымды ким багат деп корккон эмес. Уруулаштары балдарын өзүнөн кем эмес тарбиялап өстүрөөрүн алдын ала айттырбай билишкен. Эч ким эч качан кароосуз калбаган. Намысты баарынан жогору коюшкан, бири-бирин колдоп ээрчитип турган. Бул улуу күч эле. Бул улуу сыр болгону кагазга түшүрүлбөй оозеки жүргүзүлгөн. Бүгүн биринчи кагазга түшүрүлүп, жүзү ачылып жатышы мүмкүн.
    Урууну жандандыруу ишинде ар бир кандаш, тукумдашка аяр мамиле жасалышы керек. “Урууң ким? Канча балаң бар?” - деп эсеп санын алып коюу менен чектелбеш керек. Ар бир кандаш, ар бир тектеш бири-бирине керек экенин, издеп алаары, сурап алаары барын, керек учурда токтоосуз көмөк көрсөтүүгө даярлар барын ар бир кандаш, тукумдаш туюшу, билиши шарт.
    Ошол эле маалда биринчи күндөн чоң жоопкерчилик, уруу намысы да акыл-эске бекем орноп, жүрөккө уюшу керек. Уруу биримдигин жеке кызыкчылыкка, пенделикке пайдалана салам, уруу биримдигин өзүнүн кыңыр ишин жабууга пайдаланам дегенге биринчи күндөн жол берилбеши керек.
    Дагы Адил бабабызды эстегиле, калп айтса тили кесилген, намысын тебелесе башы кеткен, майда уурулук кылса колу кесилген, чоң уурулук кылса өлүм жазасына тартылган. Жөн эле эмес башын кесип, атасынын мойнуна илип койгон. Бул бир уруу үчүн жерге киргидей намыс болгон.
    Биздин алган багытыбыз, көздөгөн максат-озуйпабыз түпкүлүгүндө бөлүү эмес, тескерисинче, урук, уруунун деңгээлинде текти тактап, уруулар ынтымагын түзүп, Оң, Сол, Ичкилик канаттарын калыбына келтирип, кыргыздын улуттук биримдиги аркылуу чыныгы эл бийлиги – Элдик Улуу Курултай түзүлүшүн орнотуу экендигин ар бир адамга түшүндүрүшүбүз зарыл. Демилге катары бул ишти үч канаттын өкүлдөрү борбордон баштаганы мезгилдин талабы болду. Бирок да, элдин калың катмарына жетип, төмөнтөн туруктуу уюмдашуу жүрбөсө бул иш ой-тилек боюнча кала бериши мүмкүн. Андыктан жер-жерлерде ондон кем эмес, жыйырмадан көп эмес эр бүлөө (түтүн) биригип, өз ара жардам көрсөтүү максатында «тирилик коомдорун» аймактык же уруулук негизде түзүүнү сунуштайбыз. үч же төрт тирилик коомдору биригип, айыл же маала бийлерин шайлашат. Коомдордун жетекчилери бир эле мезгилде уруулардын чоң жыйынына өкүл (делегат) катары катышып, уруу башчыны, бийлерди, миң башыларды Элдик Улуу Курултайга канаттын атынан баруучу өкүлдөрдү шайлоого катышат. Бул деген эл ичинен таза, билимдүү, таланттуу, адискөй адамдардын бийлик жүргүзүүгө улам көбүрөөк тартылышын шарттайт жана эл ичинде жигердүүлүктү көтөрөт.

    ♦   Урууларды жандандырууда кездешүүчү кыйынчылыктар

    Биринчи кыйынчылык: Чоңоюп, аймагы боюнча жайылып чачылып кеткен уруулардын ынтымакка келип, өзүн тактап чыгышы. Иш оңой жүрүшү үчүн үч ата, беш ата, жети ата аталыктарга бөлүнө калып тактоо жүргүзгөндө иш натыйжа берет. Деги эле урууну тактоодо аталык колдонулушун дайыма иштеткен оң.
    Ушул жерде дагы бир оңой жолу ар бир уруу ичиндеги майда уруктар, аталыктар өз башчыларын шайлап, алар чогулуп миң башы шайлоодон иш баштаганы оң. Миң башчыларды уруунун чоң жыйыны бекитүүсү шарт. Андан аркы ишти миң башы, уруктардын, аталыктардын, тирилик коомдорунун башчылары, айыл бийлери менен биргеликте жүргүзгөнү оң. Айыл, маала бийлери бир эле мезгилде миң башы аталышы мүмкүн.
    2-вариант: Айыл башчы, аймак башчы, уруу башчы деген жетектөөнүн үч тепкичтүү жолу сунушталат.
    Экинчи: өтө байыркы жана майда уруулардын өз тукумун тактоо кыйынчылыгы. Айрым байыркы уруулар өздөрүн кайсыл канатка кирээрин, атүгүл кыргыз экенине шек саноолору да мүмкүн. Бул жерде санжырага, тарыхый илимий негизге таянган оң.
    үчүнчү: өзүн эч бир урууга кошкусу келбеген айрым жеке ээнбаштардын же тексиздердин каршылыгы.
    Булар түрлүү макалаларды жазып, ММКны кеңири колдонуп, адам укугу, демократия деген жүүт жашоосун даңазалап чуу чыгарышы мүмкүн.
    Буга ар бир уруу эле эмес канаттын дэңгээлинде бириге калып туруктуу, бирдиктүү, катуу каршылык көрсөтүү, коргонуу ыгын түзүү зарыл. Кыргыз жоокер эл болгон. Бүгүн «согуш» курал менен эмес «маалымат» менен акыл-эске катуу таасир этүү менен коомдук пикир түзүү аркылуу жүргүзүлүүдө.
    Демек заман, мезгил талабына жараша «маалымат», акыл эске таасир этүүчү «психологиялык» чабуулдардан коргонуу ыгын иштеп чыгуу зарыл.
    Төртүнчү: Тышкы душмандардын таасири. Кыргыздын дүйнөдө жок чоюндай бекем мамлекеттүүлүк түзүшү бардык алыс-жакын коңшуларды кубандыра бербейт. Түрлүү жолдор менен тоскоолдуктарды жасоого аракеттенишет. Буга түшүнүү менен каршы туруу зарыл.
    Бешинчи: Диндик каршылык. Азыр кыргыз улутун түрлүү диндик агымдарга бөлүп кетүүгө аракеттенген күчтөр бар. Булар “Улут жок. Диндик туугандык деген гана бар!” деген ураан көтөрүшүүдө. өздөрү түбү кайсыл бир улуттун кызыкчылыгын көздөшөт. Буга да туруктуу каршы турууну уюштуруу зарыл. өзгөчө ушул диндик каршылыкта сак болбосок, билинбеген менен өтө оор тоскоолдуктар ушул жакта жатканын турмуш өзү ар бирибизге көрсөтөт. Себеби Улуттун, Мекендин, Мамлекеттин бириккен бүтүн кызыкчылыгы толугу менен кайсыл бир диндин кызыкчылыгына туура келбейт.

    Экинчи сере

    Канаттарды тирилтүү иши. Уруулар толук кандуу такталган соң, канаттарды жолго салуу маселеси бир топ жеңилдеп калат. Ошондой болсо да бул оңой өтөт деш аша чапкандык.
    Биринчи кезекте ар бир канат өз өзүнчө канаттын уңгусун түзгөн уруулар биригип, канатта канча уруу бар экенин тактап чыгуу зарыл.
    Бир да уруу четте калбай толук эсеби алынышы керек.
    Экинчи уруулардын чоң кичине экенин карабай канат ичинде бирдей укугун аныктаган тартип жобосу иштелип чыгып, канаттын чоң жайынында талкууланып кабыл алынышы шарт.
    Ар бир уруунун укугунун бирдей сакталышы, бир да уруунун санынын аз же көп экендигине карабай канат ичинде ызаат-сыйга ээ болушу, уруулар ортосундагы карым-катнашка аяр мамиле кылуу канаттын толук кандуу жанданышына өбөлгө түзөт.
    Канат – бул биригүүнүн өзөгү. Канат ичинен канчалык бекем, туруктуу, болсо анын өсүшүнө, ошончолук жеңил шарт түзүлөт. Ошондуктан канатты түзүүдө тыкан, жыйнактуу иштөө зарыл. Канаттын жалпы жыйынында кабыл алган чечимге кайсыл бир уруу өкүлдөрү каршы чыкса, бул ошол каршы чыккан уруунун жалпы жыйынында каралып талкууланышы зарыл. Уруу жыйыны өз өкүлдөрү кабыл алган чечимге макул болсо, иш Элдик Улуу Курултайга үч канат биригип чечүүчү чечимге чейин коюлушу керек. Уруунун жалпы жыйынынын кабыл алган чечимисиз канатка жеке добушу менен өз алдынча катышууга эч кимдин укугу жок. Канаттын иш жыйындарына атайын шайланган уруу башчылары, уруу өкүлдөрү гана катышууга укуктуу. Канаттын ички жыйынына кайсыл бир уруу тарабынан катышуу укугун албаган өз алдынча жеке кызыкчылыктагы атуулдар же жарандардан катышууга сунуш түшсө каралбайт.
    Канаттын ишине катышкан ар бир өкүл өз уруусунун эн тамгасы менен катышуусу шарт. Добуш бергенде сүйлөгөндө аты жөнүн жана уруусун айтышы парз.

    ♦   Канаттын биригишине терс таасирин тийгизүүчү тоскоолдуктар

    Биринчи: уруулар ортосундагы бири-биринин укугун кемсинтип, намыс-арга тийген ар кандай уламыш болумуш сөздөрдүн тарашы. Мындай сөздөргө ишенип, уруулар ортосундагы кайым айтышуулардын тутанып кетиши.
    Мындай көрүнүш же аракет байкалары менен токтотулушу шарт. Бир да уруу экинчи бир урууга, ата-тегине баа берүүгө жол берилбейт. Ар бир уруу өз ата-тегин, өз тарыхын өздөрү аныктайт. Ар бир уруу өзүнө-өзү гана баа берүүгө акылуу. Талаш чыкса атайын калыс илимий топ түзүлүп, талашты тактайт.
    Кайсыл бир уруу өзүн көтөрмөлөп, ал эми башка бир урууну басынтууга канат ичинде эч убакта жол берилбейт.
    Экинчи: Сырткы күчтөрдүн таасири. Атайлап уруулар ортосунда чагым уюштуруу иштери жүргүзүлүшү мүмкүн.

    ♦   Канаттын кичи ордосу

    Ар бир канат өзүнүн ишин туруктуу жүргүзүшү үчүн канаттын ордосун түзөт. Ордодо ар бир уруудан бирден кем эмес өкүл туруктуу шайланып иштеши керек.
    Канаттын кичи ордосунда иштеген өкүлдөрдү каражаттык ж.б. бардык чыгымдары менен кармоону канат өзү көтөрөт. Мамлекеттин бюджетине канаттын кичи ордосун кармоо кирбейт. Канаттын бардык иш-аракеттери боюнча иш кагаздары жүргүзүлөт. Канаттын кичи ордосундагы өкүлчүлүктүн иш кагазы расмий болуп эсептелет. Канат мамлекеттик каттоодон өтүп, юридикалык укукка ээ болот.
    Канаттын кичи ордо иш жобосунун талабы үч канат үчүн бирдей болот. Ал Элдик Улуу Курултайда бекитилет.
    Канатка кирген уруулардын сөзсүз аткаруучу эреже талаптарынын негизи:
    - Уруулардын чоң же кичине экенине карабай канат ичинде бирдей укукка ээлиги;
    - Бирдей укуктун так сакталышы үчүн ар бир уруу, чоң же кичине экенине (чоң кичине дегенибиз, санынын аз же көп экендигине карата айтылган түшүнүк) карабай бирдей добушка ээлиги;
    - Ар бир уруу жалпы канат кабыл алган чечимге кынтыксыз, талашсыз, каршылыксыз баш ийиши;
    - Ар бир уруу өз канатынын кадыр баркы, ар-намысы үчүн күрөшүшү;
    - Ар бир уруу канатка жүктөлгөн милдетти кабыл алуу менен так аткаруусу;
    - Уруулардын жана уруу мүчөлөрүнүн, ошондой эле кыргызстандын жарандарынын учурдагы жашаган жерлери уруулардын негизги жашаган аймагына жараша деп кайра бөлүштүрүүгө, кимдир бирөөлөргө орун которуу шартын коюуга жатпайт. Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын аймагында өзү каалаган жеринде, аймагында жашоого укуктуу. Буга эч ким чектөө киргизе албайт.
    - Мекендин, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгы канаттардын кызыкчылыгынан, ал эми канаттардын кызыкчылыгы уруулардын кызыкчылыгынан жогору тураарын дайыма эстен чыгарбоо жана Мекендин, улуттун, мамлекетин кызыкчылыгына келгенде бардык талаш-тартышты токтотуп баш ийүү зарыл.

    2. Кыргыз эл бийлиги - демократиянын үлгүсү


    Үчүнчү сере

    Канаттар калыптанып, жашоого жөндөмдүү болгондон кийинки кадам - үч канат биригип өткөрүүчү Элдик Улуу Курултай түзүлүшүн орнотуу.
    Элдик Улуу Курултай ар бир канаттын укугу бирдей сакталган мүнөздө өтөт.
    Элдик Улуу Курултай Мекендин, улуттун, мамлекеттин жана канаттардын ички ынтымагынын бекемдигинин кызыкчылыгына кызмат кылат. Чек ара, жер, жер-суу, кен байлыктар жөнүндө талаш маселелер чыкса, акыркы чечимди Элдик Улуу Курултай чыгарат.
    Элдик Улуу Курултайга ар бир канаттан мисалга бирдей 200 (эки жүздөн) жана Кыргызстанда жашаган башка улуттардан 100 (жүз) өкүл чакырылса, жалпы курултай мүчөлөрү 700 (жети жүз) адамды түзөт. Улуу Элдик Курултайдын мүчөлөрүнө туруктуу шартта айлык төлөнбөйт. Курултайга кеткен чыгымдар мамлекет тарабынан каржыланат.
    Президент, Жогорку Кеңеш Төрагасы, Жогорку сот төрагасы – ар бир канаттын өкүлү болушу зарыл.
    Ошондой эле Башкы Прокурор, Эсептөө Палатанын жана Борбордук шайлоо комиссиянын башчылары да ар бир канаттан жана Коргоо министри, Ички иштер министри, Коопсуздук кызматынын жетекчиси да ар бир канаттын өкүлү болушу абзел.
    Элдик Улуу Курултай Президенттин сунушу боюнча Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Эсептөө палатанын, Борбордук шайлоо комиссиянын жетекчилерин дайындоого жана аларды кызматтан бошотууга макулдугун берет.
    Элдик Улуу Курултайга коюлган маселе жөнөкөй, ачык добуш берүү, жашыруун добуш берүү аркылуу чечилет.
    Татаал-талаш маселелер чыкса, ар бир канат өзүнүн ички жыйынында кайра карап чыгып, курултайдын катышуучуларынын добушуна кайра коюу шарты киргизилет.
    Улуу Курултайда Мекендин, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын талкуулаган чечимдерди кабыл алып жатканда кайсыл бир канат биз курултайга катышпайбыз дегенге акысыз. Жактаган, же каршы болгон добуш бергенге гана акылуу.
    Эгер мындай жагдай түзүлсө курултай токтотулат да, күнөөкөр тараптын канаты кайра өзүнүн канатынын ички жыйынын өткөрүп, жаңы өкүлчүлүк шайлап, курултайга сунуштайт.
    Жаза катары курултайды уюштурууга кеткен чыгымды күнөөкөр тарап көтөрөт.
    Улуу Курултай жылына бир жолу өткөрүлөт.
    Улуу Курултайга жылына бир жолу:
    - Президент
    - Жогорку Кеңеш
    - Башкы прокурор
    - Жогорку сот
    - Эсептөө палатасы
    - Борбордук шайлоо комиссиясы
    жоопчот берет.
    Элдик Улуу Курултай тарабынан ишине канааттандыраарлык эмес деп баа берилген аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн кызматтык ордун кароо Башмыйзамга ылайык Президентке сунушталат.
    Президенттин ишине улуу Курултайдын үчтөн экиси нааразы болгон баа берсе, өлкөдө Президентти кайра шайлоо өткөрүлөт.
    Премьер-министр кызматы жоюлуп, өкмөттү жетектөөнү Президент өзүнө алат.
    Облус, райондордун ордуна тарыхый негизге таянып, аймактарды түзүү сунушталат.
    Элдик Улуу Курултайдын ишин туруктуу жүргүзүү үчүн ар бир канаттан үчтөн тогуз өкүл, эки башка улуттун өкүлү бардыгы он бир адам Баш Ордо кызматкери аталып, мамлекеттик маяна алышып, курултайлар ортосундагы ишмердүүлүктөрдү жүргүзүшөт. Улуу Курултайдын Баш Ордо кызматкерлерин мамлекет өзүнүн камкордугуна алып, бүт чыгымы бюджетте атайын берене менен бекитилет.
    Элдик Улуу Курултайдын Баш Ордосунун астында үч канат биригип түзгөн академиялык илимий-маданий борбор иштейт. Академиялык илимий-маданий борбор кыргыз улутунун тарыхын, маданиятын, салт-санаасын, наркын изилдейт. Айрым талаш маселелерди чечет.
    Элдик Улуу Курултайдын иш жобосу иштелип чыгып, курултайда талкууланып бекитилет. өлкөнүн Башмыйзамына Элдик Улуу Курултайдын укугу толугу менен киргизилет. Элдик Улуу Курултайдын бүткүл укук иши атайын мыйзам менен бекитилет.

    Төртүнчү сере

    Жогорку Кеңешти түзүү. Ар бир канат өздөрү шайлаган он экиден өкүлдү Жогорку Кеңештин депутаттыгына сунуштайт. Беш өкүл башка улуттун өкүлдөрүнөн шайланып Жогорку Кеңешке сунушталат.
    Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү бийлик бутагы катары 41 өкүлдөн (депутаттан) турат.
    Жогорку Кеңеш Элдик Улуу Курултайга жылына бир жолу жоопчот берет. Жогорку Кеңештин Элдик Улуу Курултай менен мамилеси атайын мыйзам менен аныкталат.
    Элдик Улуу Курултай Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган элдин кызыкчылыгына каршы келген айрым мыйзамдарды, чечимдерди токтото туруп Жогорку Кеңешке карап чыгуу сунушу менен чыга алат.

    3. Күтүлүүчү натыйжа-жыйынтыктар


    Жашоо тиричиликте жеке адамдын орду, башкача айтканда, “Мен” деген түшүнүктүн тегерегинде ойлонуп, ордун туура аныкташыбыз керек.
    Сөзсүз “Мен жашаган коомго менин катышым канча? Коомдун менин жашоо-турмушума тийгизген таасири канча?”- деген суроо туулат.
    Ар бирибиздин койгон “кышыбыздан” Улут, мамлекет куралууда. Биз тургузган имараттын “аймагы” Мекен деп аталууда.
    Ар бирибиз бул курулушка кааласак-каалабасак да катышабыз. «Катышпайм» дегенде да катышыбыз бар болот.
    Болгону, «куруучу болуп же кыйратуучу» болуп катышабыз. Элестүү айтканда мамлекет деген бүтпөгөн улуу имарат. Бирөөлөр курулуш материалдарын ташып келип жатат. Экинчилери аны кураштырып ички бөлмөлөрүн куруп дубалын бекемдейт. үчүнчү бирөөлөр жөн эле эч нерсе жасабай курулушту карап “Бул жери мындай экен, тигил жери тигиндей экен” - деп сынап коюп басып жүрөт. Төртүнчү бирөөлөрү тескерисинче курулуштун кышын, цементин уурдап ташып жатат.
    Эми, ар кимибиз өзүбүздүн “ Менди” табалы. Ушул курулуштун кайсыл жеринде жүрөбүз? Эмне кылып жатабыз?
    Ойлоно турган, талаша турган иш. Жеке адамдын мамлекеттик башкаруу түзүмүнө болгон таасири, Мамлекеттик бийликтин жеке адамга болгон калыс мамилеси, кылымдардан бери оңдолуп, түстөлүп келаткан бүтпөгөн “искусство”. Бүгүн биз ушул улуу “искусствонун” жаңыртылган түсүн сунуш кылдык.
    Жалгыз гана ушул жол менден-бизге, бизден-мамлекеттик бийлик жүргүзүү ишмердүүлүгүнө чейинки чынжырды байланыштырат да, сааттын механизми сыяктуу так иштөө кыймылын жаратат.
    Ушундай коом түзүү гана жеке адамдын мамлекетке, мамлекеттин жеке адамга болгон мамилесин так ажыратып, ар бирин өз-өз ордуна коет.
    Карапайым адам менен бийликтин алакасы канча? Бийлик карапайым адам үчүн иштеп жатабы же карапайым адам бийлик үчүн иштөөдөбү? Кандай болгондо эл менен мамлекеттик бийликтин кызыкчылыктары бири-бирине төп келет? Ал Элдик Улуу Курултайда адилеттүүлүк принцибине негизделип аныкталат.
    Бүгүн бийлик мамлекеттик башкарууну толук өзү ээлеп отуруп алган да, аны элдин, жеке адамдын үстүнөн каалагандай бийлик жүргүзүүгө ылайыкташтырып койгон. Адамдын же адамдардын демек элдин бийликке таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрү өтө татаалдыгы чынында андай жол жок болгондуктан, монстрга айланган мамлекеттик бийликтин кулу болууда. Себеби жеке адамдын коомдогу орду так аныкталган эмес. Абстрактуу гана баш айлантма «сен жарансың» деп жалпылаштырып койгон.
    Жогорку биз сунуш кылган уруу, канат, Элдик Улуу Курултай ыгында өз ордуңду шак эле табасың.
    Бүгүн башыма иш түшсө, мамлекет мени коргооруна, калыс мамиле болооруна ишеним барбы? Бир жактуу жооп бериш кыйын.
    Уруу, канат, Элдик Улуу Курултай ыгында сени кынтыксыз тыкыс чөйрө курчап турат. Уруулаштарың сага адилетсиз мамиле болсо тике турат. Ак жеринен күйгүзбөйт. Уруунун күчү жетпесе канат бар. Канаттын күчү жетпесе Элдик Улуу Курултай турат. Күнөөң болсо өзүң деле талашпайсың. Акчанын, бийликтин күчүнө салам дей албайсың. Анын да уруулаштары, артында калың журту турат.
    Өзүнөн-өзү, айлана-чөйрөңө, уруулаштарың астында жоопкерчилик пайда болот. Уруулаштардан бөлүнөм дей албайсың. Айтсаң жетесиз атанасың.
    Бүгүн адамзаттын алы жетпей кыйналып турган коррупция деген өзүнөн-өзү өлүп жок болот.
    Бүгүн бийлик карапайым адам менен шайлоо учурунда гана сүйлөшөт. Ошондо да бир жактуу. Көз таңмай, алдамай, күчкө салмай, коркутмай, куру убада бермей жолдору менен. Анан беш жыл унутат. Эң начар депутат да эптеп мандат алса беш жыл отураарын билет. Эл шайлаган депутатын кайра чакыра албайт. Элден мандат алып элге иштейм деген депутат тескерисинче элден эмес бийликтен, Президенттен коркот таратып жиберип мандатты алып коебу деп. Кыскасы, эл мамлекеттик бийликте отургандарга салык төлөп багыш үчүн гана керек.
    Уруу, канат, Элдик Улуу Курултай ыгы муну бүт өзгөртөт. Бийлик элге дайым көз каранды болуп калат. Мамлекет бийликте отургандардын ээлеп алган май талкан орду эмес мамлекет элдики болот. Бийликке келгендер элге мамлекетке өздөрүнүн шык-жөндөм, талант, билим, тажрыйбасын колдонуп акыл эс, күч кубатын берип, Ата журту үчүн сыймыктанып, бир чети убактылуу жалданып иштешет. Ар ким чыныгы ордун табат.
    Бийлик күтүүсүз акылдуу болуп чыга келет. Бүт эл кызыкчылыгына иштеген мыйзамдар кабыл алынат. Себеби бийлик дайыма эл көзөмөлүндө. Бийликте отурган ар бир адам өз уруусунун астында жоопкер. Ал Президент же министр болгон күндө да уруулаштары үчүн Жетиген же Жедигер боюнча кала берет. Иштей албаса же ичип-жегени билинсе Асанов же үсөнов эмес, Жетиген же Жедигер уруусуна сөз тийет. Муну бүт тукумдаштар дайым билет. Эстен чыгаруу мүмкүн эмес. Бийликте отурган кимдир бирөө жөнүндө жаман сөз чыга баштаганда бийлик эмес, биринчи уруулаштары чара көрөт.
    Уруулаштары андай кабарды териштирет. Чын болсо “Кокуй бүт урууну элге уят кылгыча ордуңду тап. Кызматыңды өткөр” дешет. Бул уруу намысын коргогон ички мыйзам. Мындан эч ким кача албайт.
    Сот адилеттиги, прокурордук калыстык өзүнөн өзү орнойт. Бийлик жүргүзүү ишмердүүлүгү жаңыланат. Ар бир адамдын өзү жашаган коом астындагы жоопкерчилиги пайда болот. Мыйзамдуулук, калыстык, чындык орнойт.
    Бул Мекен, Улут, Мамлекет деген үч ыйык түшүнүктү бир бүтүндүккө айлантып түбөлүгүн түз, пайдубалын бекем, түндүгүн түшпөс кылып тургузат.
    Мына ошентип, табигый жол менен элдин жан-табиятына төп келген улуттук идеология тарыхый-маданий мурастардын негизинде өзүнөн өзү пайда болот. Кыргыз ата-бабадан келаткан өз жолуна түшөт. Ар бир кыргызстандык алдыдагы айкын максаттарды көрө билет. Натыйжада адилеттүү теңчил коом түзүлөт. өлкөдө бийлик менен элдин ортосундагы ажырым жоюлуп, руханий-экономикалык тең салмактуу өнүгүү күчөйт.

    Ушул багыттаманын негизинде Кыргызстандын беш жылдан жыйырма беш жылга чейинки үч баскычтуу саясий-экономикалык, руханий-идеологиялык атайын өнүгүү программасы кабыл алынса максатка ылайык болот.

    P.S. Колуңуздагы багыттама (концепция) 2009-жылы 19-март күнү Бишкек шаарында 200дөй Оң, Сол, Ичкилик канаттарынын өкүлдөрү катышкан жыйында маалымдалып, жалпы элдик талкууга сунушталды.

    Байланыш тел: 62-56-50; 93-82-69.


Ата-бабалардын жолун улап Ынтымактуу элге кут түшөт


Кайрылуу!

    “Кулаалы таптап куш кылдым                 “Кабарың күнгө кетсе да,
    Курама жыйнап журт кылдым.                  Жылдызга колуң жетсе да,
    Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө,                        Жараткандын дүйнөсү,
    Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.                       Бүт колуңа өтсө да
    Бөлүнүп кетти кыргыз деп                      Эл менен сен адамсың,
    Бөлөк элге кеп кетет”                             Элден чыксаң жамансың”
    (Манас атанын керээзи)                           (Арстанбек)

    * * *
    Кадырлуу кыргыз эли!
    Касиеттүү калайык-калк!
    Урматтуу уюткулуу улуу журт!

    Байыртан баатыр Бабаларыбыз жүрөктүн оту, билектин күчү, көк найзанын учу, кылычтын өткүр мизи, кажыбас кайрат, майтарылбас эрдик менен бизге – урпактарына адам суктанаарлык бейиштин төрүндөй Мекенди, улуу тарых, таза ыйманды, нускалуу каада-салтты, керемет көркөм тилди, дүйнөдө теңдешсиз Манасты, өчпөс өнөр, өлбөс рухту мурастаган экен!
    “Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, көкүрөгүң менен тааны” деп бир Жаратканга ишенип, “Асман ата, Жер эненин” бөлүнгүс бир бөлүгү катары өзүн тааныган Кыргыз Табияттын мыйзамы менен жашаган. Ал жер-сууну таза сактап, жан-жаныбардын убал-сообун билип, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүп, “намыс өлүмдөн катуу” деп адилет коом түзүп, аруу жана нарктуу элдин урпагы экенин далилдеп келет.
    Тарыхта Кыргыздын ташы өргө кулап жеңиш коштогон учуру канча көп болсо, көкөй кесип, күлү көккө сапырылып, жылдызы жерге түшкөн доорлорду да Жараткан бешенебизге жазган экен. Добул урган деңиз толкунундай албууттанып бирде бийик көтөрүлсө, бирде түбүн көздөй тартылып, чөгүп, бирок жок болбой өмүр көчүн улап келди.
    Айрыкча кийинки жүз элүү жыл ичинде Кыргыз өзүн улут катары жоготуп баратканы ойлоно турган кейиштүү көрүнүш болууда. Ал ээлеген мекенин кертип, кемитип, элин аздырып, дилин, тилин бөксөртүп, ата-бабаларынан келаткан көптөгөн асыл нарктарын, салттарын жоготуп, тегин, тарыхын, тилин унутуп, өксүп, өз тагдырын өзү кесип баратат...
    Жараткан кыргызга көркү көз талдырган тоолорду, шаркырап аккан тунук сууларды мол бериптир! Тагдырга жазылган тарых улуу дөөлөттөн да кем калтырбаптыр! Бир гана “Ынтымак менен Биримдикке өзүңөр келип алгыла” деген экен.
    Жараткандын ушул буйругуна бурулуп, ынтымакка келип, биримдигибизди чыңдабасак, кийинки муун бизди кечирбейт. Ал эмес келечек муундун убалына калган кыйраткыч муунга айланабыз.
    Дүйнөлүк кризис Америка, Европа, Жапон, Кытай, Араб өлкөлөрүнүн шайын оодарып, алсыратып, миллиондогон адамдарды жумушсуз калтырууда. Мунун кесепети Кыргызстанга да тие баштады... Туташ жайылган паракорлукту ооздуктоо, балдарыбызга туура тарбия берип, ыймандуу, адептүү өстүрүү, дүйнө өлкөлөрү учураган апаатка (кризиске) туруштук берип, андан аман-эсен чыгуу – жалгыз гана ынтымакка келип, бириккен элдин колунан келчү улуу иш!
    Коомдо адилет болбой, эл жарыбаганына өзүбүз күбө болуудабыз. Биз миңдеген жылдар бою тарыхта толук сыналган, өзөгү адилеттикке, калыстыкка негизделген ата-бабаларыбыздын жолуна кайрылуубуз зарыл. Элестүү айтканда, бир Түндүктү тиреп турган ууктардай уруулардын биримдиги аркылуу кыргыздын үч канатын калыбына келтирип, Элдик курултай институтун орнотууну сунуштайбыз. Мындай коомдук түзүлүш эмнени берет?
    • Ар бир эл өздөрү шайлаган уруу же улус (канат) башчыларын өздөрү колдойт жана анын чечимдерин өздөрү көзөмөлгө алат; уруунун жана улустун мыктылары тарабынан шайланган өкүл эч качан өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан өйдө коё албайт. Анткени, анын кызмат абалын жогору жактан эмес, төмөн жактан эл өзү чечүүгө укуктуу болот. Бул бийликти төмөнтөн жогору карай бекемдеген түзүлүш болуп саналат;
    Үч Канатты калыбына келтирүү менен биз – Кыргыздын көөнөрүп бараткан нарк-нуска, адеп-ыйман, тил ж.б. тарыхый мурастарын калыбына келтиребиз;
    • Уруктун, уруунун жана улуттун тарыхы, санжырасы такталып, ар бир адам тегин таанып, жыйынтыгында бөлүнүү эмес, биригүү жүрөт. кыргыз санжырасын сактаса санжыра кыргызды сактайт. Жаштар маңкуртчулук жолунан четтеп, улуттук эстутум тазаланат. Ата-журттун бүтүндүгү, элдүүлүктүн ыйыктыгы, уят-намыс сындуу түпкү түшүнүктөр ордуна келет.
    • Уруу жана улус түзүлүшү ошол урууга тиешелүү адамдарды жаман жорук-жосундардан алыстат. Жети ата салтынын калыбына келиши менен улуттун генетикалык жактан таза, асыл кандуулугу артат. Адамды бир адам же бир үй-бүлө тарбиялаган ыкмадан кетип, аны жалпы коом тарбиялаган шартка жол ачылат;
    • Бардык уруулар Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да аралаш жашап тургандыктан, Кыргыз эли “түндүк-түштүккө бөлүнүү” илдетинен кутулат;
    • Кечээ Орус элинин таасири алдында болуп келген биздин эл бүгүн Кытай, Америка жана Европа элдеринин таасиринде калды. Ал “дүйнөлөшүү”(“глобализация”) деп аталган идеология аркылуу көрүнүүдө. Анын апаатынан аман калуунун бир гана жолу бар, ал – улуттук биримдик.
    • Элибизге зыяндуу ар кандай аргын саясаттан кутулуп, бийлик башына таза кандуу кыргыздын уул-кыздары барышына шарт түзүлөт.
    • Бийлик жүргүзүүгө элдик көзөмөлдүн орношу менен коррупция, паракорлук, кызыл кулактык сыяктуу илдеттер жоюлат;
    • Сырткы бузуку күчтөрдүн кытмыр, бөлүп жаруу саясатынан улам миңдеген коомдук уюмдарга, жүздөгөн саясий партияларга, диний ишенимдер боюнча ондогон агымдарга ажырап, алтургай кыргыздын кан-жанына туура келбеген бийлик-оппозиция деген элдешкис балээ каптады. үч канат аркылуу Элдик курултай гана кыргыздын башын бириктирип, бул оорудан куткарат. Мындай адилет коомдо эл менен бийликтин ортосунда ажырым болбостон сөз иш менен бекемделип, ишеним артат. Жыйынтыгында күчтүү, ар тараптан өнүккөн өлкөдө жашоо – Кыргызстанда жашаган бардык улуттар үчүн сыймыкка айланат. Анткени өлкөнүн атын алып жүргөн, Кыргызстандын 72% калкын түзгөн кыргыздар ынтымак-биримдикке келип, туура жолду тапмайын башка элдер да бакытка маарыбайт.
    “Түбү бирге биригет, учу бирге жазылат” дейт кыргыз. Эл тагдыры, өлкө келечеги элдин өзүнүн колунда. “Күч биримдикте” деген ата-бабаларыбыздын осуятын карманып улуу кыргыз туусунун алдында биригели!
    Андыктан, кыргыздын Оң, Сол, Ичкилик канаттарынын биргелешкен салттуу Элдик курултайын үстүбүздөгү 2009-жылы уюшкандыкта өткөрүп, жүрөк өйүгөн маселелерге чогуу жооп табалы.

    Кайрылуу элибиздин Сол канатынын демилгеси менен Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-февралында “Кыргыздын коом түзүү жана башкаруу тажрыйбасы” деген темада өткөн Кереге кеңеште кабыл алынган. Жыйынга кыргыздын Оң жана Ичкилик канаттарынын урууларынын өкүлдөрү да катышып, бул маселени колдоого алышкан.

    Улуттук кайра жаралуу тилектештиги

    Кыргыз элине жана Кыргыз Республикасынын бийлигине

    Билдирүү



    Учурда улуттук кайра жаралуу кыймылынын күчөшү - эл ичиндеги жигердүүлүктүн көтөрүлгөндүгүн көрсөтүп турат. Айрыкча улуттук эс тутумду аныктаган кыргыз улутунун тарыхы, тили, маданий мурастары терең изилденип, калк казынасына калыстык менен кайтарылышын дембе-дем маселе катары, коюп жаткан коомчулуктун суроо-талабын колдоо менен бирге төмөнкү сунуштарды билдиребиз:
    • Өлкөдө демилге катары башталган кыргыз тарыхынын 15 томдугун чыгарууда кытай, монгол, орус, түрк, араб, перси, европа, ж.б. булактарды терең изилдеп, ар кандай саясий -идеологиялык чен-өлчөмдөрдөн сырткары илимдин талабына ылайык, так чыныгы кыргыз тарыхын жазуу ишин адискөй илимпоздордун катышуусу менен айкындуулуктун шартында жүргүзүүнү жана анын негизинде жаңы окуу куралдарын басып чыгарууну тездетүүнү;
    • "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамдын кабыл алынганына 20 жыл болгондугуна карабастан көзгө көрүнөөрлүк натыйжалар аз экенин белгилейбиз. Андыктан ЖКнын, өкмөттүн, Сот тармагынын бүткүл ишмердүүлүгүн мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн талап кылуу менен кыргыз тилинин коомдогу ордун так, даана аныктап, тилдин кадыр баркын көтөрүү багытындагы мамлекеттик деңгээлдеги даректүү иш-чараларды иштеп чыгып, турмушка ашырууну;
    • Баш мыйзамдагы "орус тили- расмий тил" деген беренени алып салуну;
    • Ошол эле мезгилде айыл жерлеринде көңүл бурулбай калган орус тил сабагына маани берилип, тереңдетип окутууну;
    • Билим берүүдө англис тилине өзгөчө маани берилип, ошол эле мезгилде башка дүйнөлүк тилдерди (француз, араб, кытай, япон ж.б.) үйрөтүүнү колгоо алууну;
    • Маалыматтын, технологиянын кылымы келгендиктен компьютерлештирүүнү, аны окутуп уйрөтүү маселелерин бардык аймакта тегиз, ыкчам жүргүзүүнү;
    • КРнын билим берүү түзүлүшүнүн ички мазмунун кайра карап чыгып, "Кыргыз таануу", "Адам таануу", "Теология" сабактарын киргизүүнү; • Кыргыздын коом түзүү тажрыйбаларын, касиет- өнөрлөрүн, салттуу нарк нускаларын, этнопедагогикадагы тарбия берүүнүн үлгүлөрүн, мезгил сыноосунан өткөн элдик жөрөлгөлөрүн, улуттук майрамдарын, оюндарын жалпы эле маданий-руханий мурастарын тереңдеп изилдөө-жайылтуу иштерин мамлекеттик деңгээлде колго алууну бүгүнкү күндүн кечиктирилгис маанилүү иштери катары баалайбыз.
    Жакында түзүлгөн Улуттук тилектештик бул көтөрүлгөн маселелер боюнча кызыкдар тараптар менен ар тармактуу кызматташып иштөөгө даяр экендигин билдирет.

    Улуттук Кайра Жаралуу Тилектештиги

    Бишкек шаары 19.03.09.

Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ