Санжыра деген эмне?
Эсенкул Төрөкан уулу


    Санжыра – “Сен кимсиң, атаң ким, чон атаң ким, кайсы уруктансык, кайсыл уруудансың, кайсыл улуттансың” деген суроого так жооп берет. Өзүнүн түбүн билбеген адам ал адам эмес. Ата-бабалар: “Эң эле болбой калганда жети атаңды билип ал” же “Жети атасын билбеген кул” деп айтчу экен. Чынында эле өзүбүздүн чыккан түбүбүздү, уругубузду, уруубузду так жазышыбыз керек. Эгер муну так жазбасак анда элдин тарыхын, улут-уруунун тарыхын чаташтырган болобуз, аны билген эл, уруу нааразычылык кылышы да мүмкүн. Анткени, санжыра айтуу кыргызда муундан-муунга уланып келе жаткан жакшы салт, мындан ары да бул салт улана берсе экен деген ойдобуз.

    Санжыраны айтуудагы негизги максат - бир туугандардын ортосундагы, уруулардын ортосунда, ошонун негизинде бут бир элдин ортосунда бирдикти, биримдүүлүктү, ынтымактуулукту сактоого, аларды биримдүү кылып баш коштуруу болуп келген. Биздин ата-бабаларыбыз санжыраны айтууда мына ушул багытта пайдаланып келишкен. Ошондуктан алар нечен кылымдар бою өзүнүн кыргыз улутун, кыргыз уруусун бириктирип, душмандарын талкалап, көз карандысыз жашап келишкен.

    Бирок, турмушта санжыраны туура түшүнбөгөндүктөн жана аны туура пайдалана албагандыктан улутчулдук да, уруучулдук да, ал тургай улуу шовинисттик умтулуулар да пайда болушу мүмкүн. Эгерде бирөөнү кызматка алып жатып, “урууң ким, улутуң ким" деп сурасак “бул киши улутчул же уруучул неме окшойт” деп тетири түшүнгөндөр да бар. Буга жол берүүгө болбойт. Мындай ишти саясий жагынан бышып жетпеген, эс-акылы төмөн, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр гана кылышат.




Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ