КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНАН КЫСКАЧА МААЛЫМАТТАР

  • «Кыргыз» аталышы (этноними) тууралуу алгачкы маалымат «Кытай тарыхынын атасы» атыккан Сыма Цяндын б.з.ч. 201-жылдагы «Щи-цзи» («Тарыхыи жазмалар») деген китебинде «гяньгунь» деген ат менен жолугат. Ошондой эле «кыргыз» аталышы Кытайдын Хань доорунда «цзянь-гунь», Тан тушунда «яснзясы», Юань учурунда - «цзилицзицы», гректе - «херкис», араб-парсы жазмаларында - «хыркыз», «хырхыр», монголдордо - «хяргас», орустарда - «киргиз» ж.б. түрдө айтылат. Андан сырткары гегу, гэгун, жиегу, чийгу, хегаз, жылыс, булуту, хакяньси, гягас, кыркыс ж.б. аталыштары да бар.
    Санжырачылар «кыргыз» деген аттын Муканбет пайгамбардан 3700 жыл мурда пайда болгондугун айтышат, ал эми Осмонаалы Сыдык уулунун 1914-ж. Уфадан чыккан «Тарых Кыргыз Шадмания» деген китебинде кыргыз бабабыз Муканбет пайгамбардан 3400 жыл мурун дүйнөгө келгенин жазат. Алексей Левшиндин маалыматытнда Иса пайгамбар төрөлгөндөн кийинки 569-ж. император Юстин «Дизабулга» жиберген элчи Земарк кайтып кетип баратканда Алтай кыргыздарынын императорго бир сулуу кыз, ага кошуп бир нече кул бергендиги баяндалат.
    Тарыхта кыргыз өтө жотолуу, көк көз, сары чач, кызыл-чийкил болгон деп сыпатталат.
    Кыргыз элинин түпкү чыгышын, урууларга таралышын иликтеген Сейфаддин Аксикенти (алгачкы кагазга түшүрүлгөн санжыра, «Маджму Ат-таварих», кыргызча «Тарыхтар жыйнагы», 16-к.).
    Тунгуч агартуучу, окумуштуу-тарыхчы, санжырачы Осмонаалы Сыдык уулу (1875-1940), кыргыз тарыхын жазмага түшүргөн.
    Жазма тарых менен оозеки тарыхты (санжыраны) салыштырып, дарамети жеткенче талдап, кыргыз тарыхын изилдөөнү эң биринчи илимий нукка салууга аракеттенген алгачкы тарыхчы Белек Төрөгелди уулу Солтоноев (1878-1938) болгон.
    Кийин Е. Поливанов, В. Радлов, Н. Бичурин, К. Юдахин, С. Абрамзон, К. Скрябин өңдүү орус илимпоздорунун келиши менен кыргыз илиминин жаңы доору башталган.
    Ал эми эл жазуучусу Асан Жакшылыков кыргыз элин күн (гунн, хунн), усун, сак (сактан), булут (бурут), кырк ууз (кыргыс, кыргыз) деген аталыш менен тээ топон суудан аркы доорлордон бери келаткан эң, байыркы эл деп далилдейт («Эстутум», Б.:2005).

  • Кыргыздар жөнүндө эң алгач кеңири изилдөө жүргүзүп, көптөгөн эмгек жазган чыгыш изилдөөчүсү, академик-тарыхчы Василий Владимирович Бартольд (1869-1930). Анын «Кыргыздар» (1927) аттуу тарыхый-илимий очеркинин жарык көрүшү менен күн чыгыш тарыхынын изилдене башташынын жаңы доору, накта илимий деңгээлдеги мезгили башталган. Анын пикири боюнча кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири. Ал 618-907-жылдары башкарган Тан династиясынын тарыхынан бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларында кыргыздар жөнүндө маалыматтар бардыгын, кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсүн башка өлкөлөр менен кандай жолдор байланыштырып тургандыгы жөнүндө географиялык жактан так көрсөтүлгөнүн, кыргыз элинин өң түзүлүшү жана тили жөнүндө маалыматтар айтылганын жазган.
    Ал эми А. Н. Бернштам (1910-56) кыргыз элинин түбүн б.з.ч. 4-кылымга такайт. Анын айтымында кыргыз элинин уюткусун түзгөн айрым уруу тайпалары ошол учурда азыркы Монголиянын түндүк-батышындагы Хяргас-Нур (Кыргыз Кел) чөлкөмүндө түптөлө баштаган.
    Ал эми илимпоз Кожош Мусаев өз изилдөөсүндө кыргыздар мындан 4 миң жыл мурда болгон деп эсептесе, жазуучу Орозбек Айтымбетов «Кара Кыргыз» деген эмгегинде кыргыздын 8 миң жылдык тарыхы бар экендигин далилдейт.

  • Байыркы кыргыздардын түндүк хуннуларга каршы уруштары жөнүндө маалымат 1-2-кк. тиешелүү.

  • Тарыхта алгачкы кыргыз мамлекети 480-447-жылдары түзүлгөн деген маалымат бар.

  • Тарыхтагы алгачкы күчтүү кыргыз мамлекети болгон Кыргыз кагандыгы Энесай дарыясынын боюнда Миң-Суу өрөөнүндө 6-кылымда түзүлүп, 13-кылымдын башына чейин өкүм сүргөн. Аны үстөмдүк кылуучу кыргыз урууларынан чыккан сулалелер бийлеген. Бартольд «9-10-кылым - Улуу Кыргыз мамлекетинин доору» деп атаган. Бул учурда Кыргыз каганаты чыгышы Байкөлдөн (Байкал) батышы Теңир-Тоого чейинки кеңири чөлкөмдө өз бийлигин жүргүзүп (Түштүк Сибирь, Монголия, Байкал, Эртыш, Кашкар, Ысыккёл, Талас ж.б. кыргыздарга баш ийген), кыргыз журтуна оомат келген, «Могулстандын жапайы арстандары» аталган.
    904-ж. кыргыздар Кытайдан так талашкан. Ошол учурда өз жазуусу болгон. Байыркы ханзу тарыхынын маалыматы боюнча Энесай кыргыздары түрк тилинде сүйлөгөн тайпалардын ичинде эң алгачкы туруктуу календарга ээ болгон. Алар жыл башын «баш ай» атаган жана үч айды бир мезгил деп эсептеп, ар бир мезгилди жаз, жай, күз, кыш деп атаган. Ар бир жыл 12 жаныбардын аты менен аталган. Бул «мүчөл» делинген. Кийин далай чабылып-чачылган учурларды да башынан өткөргөн.
    «Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?
    Кабак барбы кыргыз кыргын таппаган?
    Кыр-жон барбы кыргыз сөөгү жатпаган?»
    - деген каңырык түтөтөр сөздөр чыккан. Ооматы кеткен кез «Манаста» «бири кетти Кырымга, бири кетти Урумга, бири кетти Каңгайга, бири кетти Алтайга, бири кетти Эренге, бири кетти Тереңге» деп сүрөттөлгөн.

  • 840-ж. кыргыздар Борбордук Азиядагы уйгур кагандыгын талкалаган. Алардын ордосу Ордо-Балыкты басып алган. 840 - 44-жж. бүткүл Борбордук Азиядагы бийлик Энесай кыргыздарына өткөн.

  • Кыргыз маданиятынын гүлдөгөн учуру 10-11-кк. болгон. Ал учурда шаарлар, кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн. Окумуштуулар менен акындар чыгармаларын жараткан. Жайсаң манасчы ушул доордо жашаган деген пикирлер бар. Ал мезгилде Чүй өрөөнүндөгү Баласагын шаарында туулган Жусуп Баласагындын «Куттуу билим», Ысыккёл кылаасындагы Барскан шаарында туулган Махмуд Кашгаринин «Түркий тилдер сөз жыйнагы» деген залкар эмгектери жазылган. 1067-68-ж. Баласагында тыйын чыгарылган.

  • Кыргыздар ислам динин Караханийлер кагандыгынын тушунда кабыл алган. Бул кагандык 10-кылымдын 2-жарымынан 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагын ээлеп турган. Кагандыктын негиздөөчүсү Сатук Буура хан Абд ал-Керим болгон. Ал 960-ж. ислам динин кабыл алып, аны мамлекеттик идеология катары жарыялаган.
  • 15-кылымдын 80-жылдары - 16-кылымдын башында кыргыздардын бир топ урууларынан «Кыргыз хандыгы» түзүлгөн.

  • 1680-ж. Тяньшань кыргыздары чыгыш Түркстанга жортуул жасаган.

  • 1762-ж. 2-августта Россияда 1680-ж. Теңиртоо кыргыздары чыгыш Туркстанга жортуул жасаган.

  • Теңиртоо кыргыздары жөнүндө алгачкы маалымат берген П.И. Рычковдун «Оренбург басмаканасы...» деген эмгеги 1760-ж. жарык көргөн.

  • Түштүк кыргыздар жөнүндө биринчи маалымат берген, кыргыз менен казактын айырмасын баса белгилеген, ошондой эле кыргыздар жөнүндө кыйла кызыктуу маалыматтарды камтыган эң узун аталыштагы китеп Филип Ефремовдун «Орусия унтер-офицери, азыр жарандык кызматтагы Ефремовдун он жылдык саякаты жана Бухара, Хива, Персия менен Индиядагы окуялары, андан Англия аркылуу Орусияга келгендеги өзү жазган китеп» аттуу китеби (1786).

  • 18-кылымдын 2-жарымында айрым кыргыздар Тяньшандан Памир-Алайга көчкөн.

  • 1871 -ж. мартта Фергана кыргыздары Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө чыккан.

  • Пишпек уездиндеги кедей жана орто дыйкандарды бириктирген демократиялык уюм «Букара» союзу 1917-ж. 3-майда түзүлгөн. 1917-ж. 9-сентябрда Пишпекте союздун сьезди болуп, анын башкармасынын төрагалыгына Кожомурат Сарыкулаков, орун басарына Имаш Көбөков шайланган.

  • Тунгуч кыргыз революционер-большевиги Жукеев Таабалды (жашыруун аты Пудовкин Александр Александрович, 1882-1930).

  • Кыргызстандын аймагында 1-болуп 1917-ж. ноябрда Сүлүктү менен Кызылкыяда, декабрда Таласта, 1918-ж. январда Ошто, февралда Пишпекте, апрелде Нарында, майда Караколдо Совет бийлиги орногон. Советтердин уезддик 1 -съезди Пишпекте 1918-ж. 11-февралда болуп, совет бийлиги жарыяланган жана уезддик советтин президиумунун төрагалыгына Григорий Иванович Швец-Базарный шайланган.

  • 1918-ж. 5-октябрда курамына Кыргызстан кирген Түркстан АССРинин Конституциясы кабыл алынган.

  • 1922-ж. 10-октябрда Кыргыздардын тарыхы боюнча комиссия түзүлгөн. 1924-ж. 14-октябрда Бүткүл россиялык БАК РСФСРдын курамында Кара-Кыргыз автономия облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ага Каракол, Нарын, Пишпек, Ош уезддери , Олуя-Ата уездинин Талас өрөнүндөгү болуштуктары, ошондой эле Анжиян, Кокон, Наманган уезддеринин Фергана өрөөнүндөгү болуштуктары кирген.
    Ошол жылы облустун калкынын саны 737 миң болуп, анын 63,5%и кыргыз, 16,8%и орус, 15,4%и өзбек, 4,5 %и башка улуттар болгон.
    Облустун убактытлуу мамлекеттик башкаруу органы Революциялык комитет деп аталган.
    1924-ж. 21-октябрда Кара-Кыргыз АОсунун Ревкомунун курамы бекитилип, ал 12-ноябрда ишке киришкен. Ал комитет облусту убактылуу башкарган атайын бийлик органы болуп 1925-жылдын мартына чейин иштеген. Ревкомдун I-терагасы, б. а. Кара-Кыргыз АОсунун I-өкмөт башчылыгына Иманалы Айдарбеков, жооптуу катчылыгына Ибрай Тойчинов, облустук партиялык уюмдун 1-катчылыгына М.Каменский, жооптуу катчылыгына Ж. Абдрахманов, катчылыгына Ж. Саадаев дайындалган.
    Облустун убактылуу борбору Ташкен болгон.
    Борбор 1924-ж. декабрдын аягында Пишпекке көчүрүлгөн.
    1926-ж. 12-майда Кыргыз АССРинин борбору Фрунзе деп аталган. 1936-жылдан Кыргыз ССРинин борбору болгон. 1991-ж. 5-февралда Фрунзеге Бишкек деген эски аты кайта берилген.

  • 1925-ж.27-30-мартта Кара-Кыргыз АОсунун Советтеринин 1-уюштуруу сьезди болуп, анда кыргыздардын мамлекети жарыяланган.
    Облустук Аткаруу Комитетинин терагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган.

  • 1925-ж.25-майда Кара-Кыргыз АОсу Кыргыз автономия облусу деп аталган.

  • Кыргыз АОсунун аты 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи (Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы) деп өзгөртүлгөн. 1927-ж. 7-12-мартта Бишкек шаарында Кыргызстандын Советтеринин 1-уюштуруу сьезди болгон. Сьезд Кыргыз АССРин түзүү жөнүндө декларация кабыл алган. Ага238 делегат (анын 107си кыргыз) катышкан.
    Сьезд курамында 122 мүчөдөн, 27 мүчөлүккө кандидаттан турган Борбордук Аткаруу Комитетин (БАК) шайлаган.
    12-мартта БАКтын I-сессиясы болуп, Кыргыз АССРинин БАКынын Президиумунун төрагалыгына (республиканын 1-жетекчилигине) А. Орозбеков, республиканын өкмөтү болгон Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына Ж.Абдрахманов шайланган.

  • Кыргыз АССРинин мамлекеттик абалын алгачкы ирет БАК жана РСФСР ЭКС 1927-ж. 24-мартта бекиткен.

  • 1936-ж. 5-декабрда Кыргыз АССРи СССРдин карамагына кирген Кыргыз ССРи (Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлгөн.

  • Кыргыз АССРинин 1-конституциясы 1929-ж. 30-апрелде Кыргыз АССР советтеринин 2-сьездинде кабыл алынган. Бул кыргыз улуттук мамлекеттүүлугүн мыйзамдаштырган 1-конституция болгон. Кыргыз ССРи болгондон кийинки 1-конституция 1937-ж. 23-мартта республикалык Советтердин чукул чакырылган 5-съездинде кабыл алынган.

  • Кыргыз ССРинин Гимни 1 -жолу 1946-ж. 30-мартта кабыл алынган. Анын текстин К. Маликов, Т. Сыдыкбеков, М. Токобаев, А. Токомбаев, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган.

  • Кыргыз ССРинин Мамлекеттик желеги 1-жолу 1937-ж. бекитилген.

  • Кыргыз ССРинин Мамлекеттик герби 1936-ж. түзүлгөн. Автору О. Т. Павленко болгон.

  • 1990-жылдын 24-30-октябрында коммунисттик диктатурага каршы алгачкы ачкачылык жарыялаган Топчубек Тургуналиев, Тынчтыкбек Чоротегин ж.б.болгон.


    КЫРГЫЗ ЖАЗУУСУ

  • Чулу таштарга, аска бетине чегилген байыркы руна жазуусу (Орхон-Энесай алфавити) 6-7-кк. пайда болуп, 10-12-кк. чейин колдонулган. Мындай эстеликтер Энесай, Саян, Тува, Монголия, Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Ал жазууларды биринчи жолу 1893-ж. даниялык илимпоз В.Томсен(1842-1927) жана орус тщркологу В. Радлов (1837-1918) окуган.
    Бул эстеликтердин кыргыздарга таандык экендигин айтышкан алгачкы окумуштуулар В. Радлов, В. Томсен жана орус тилчиси, түрк тилдерин изилдөөчү С.Е.Малов(1880-1937) болгон.
    Малов «Енисейлик түрктөрдүн жазуусу» деген эмгегинде «5-кылымдагы енисейлик жазуу эстеликтеринин тили - байыркы кыргыздардын тили» деп аныктаган.
    Бул эстеликтерди изилдөөгө башоту менен киришкен алгачкы кыргыз окумуштуусу - Четин Жумагулов. Анын эсеби боюнча Кыргызстандын аймагынан акыркы 100 жыл ичинде 20 руна жазуусу табылган.

  • 1929-ж. 29-ноябрда кыргыз жазмасын араб алфавитинен латын алфавитине 1930-жылдын 1-январынан тартып өткөрүү боюнча Кыргыз АССР БАКынын Президиуму чечим кабыл алган.

  • 1941-ж. 31-январда латын алфавитиндеги кыргыз жазуусун орус алфавитине (кириллицага) которуу жөнүндөгү мыйзам чыккан.


    АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ БАШКАРУУЧУЛАРЫ,
    ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАР

  • Алгачкы кыргыз башкаруучусу - Барсбег ажо (Барсбек, Ынанчу Алп Билге каган, Могилян). 711-ж. ал кагандык чыгыш түрк аскерлеринен жеңилип, Барсбег дүйнөдөн кайткан.
    Санжыра боюнча 5-6-кылымдарда Алтайда 1-кыргыз кагандыгы түзүлгөн. Ак кийизге салып Калач аттуу адамды хан көтөрүшкөн. Бул Барсбек болушу да ыктымал.
    Осмоналы Сыдык уулунун «Тарых кыргыз Шадмания» деген эмгегинде моңолдордон чыккан Асан уулу Самансур бут кыргызга хан болгондугу айтылган. Ал көп мыйзамдарды киргизген. Кийин бул мыйзамдарды Ормон пайдаланган.

  • 1670-ж. кыргыздын чоң багыш уруусунун улугу Койсары бий Кашкардын акимдигине көтөрүлгөн, Кыргыздарды тышкы душмандардан коргоп, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн улуу инсандардын катарында төмөнкүлөр өзгөчө айтылат.

  • Кокон хандыгын башкарган алгачкы кыргыз -Шераалы хан, Ажибек (Хаджибек) уулу Шераалы(1792-1844). Ал Кокон хандыгын 1842-45-ж. бийлеген. Энеси да, аялы да кыргыз болуп, өзү Таластагы кыргыздардын арасында өсүп өнгөн.
  • Кокон хандыгындагы баш вазир даражасына жеткен 1 -кыргыз - Алымкул аталык (?~1865). Ал Молдо Алымкул деп да аталган. Кыргыздын кыпчак уруусунан чыккан.

  • Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам.
    «Датка» наамы Кокон хандыгынын учурунда Орто Азия аймагында 18-кылымда пайда болгон. Эң көрүнүктүү, кадыр-барктуу, зоболосу жогору адамдарга берилген. Датка элден түшкөн даттанууларды ханга билдирип, арыз ээлерине жообун кайтарып турган.
    Бул наам ошол доордо кеңири жайылган казы, бий сыяктуу жергиликтүү өкүмдүк наамдардан кыйла жогору турган. Датканы И. Бичурин «генералга тете жогорку чин» десе, орус окумуштуусу А.Кун генерал-губернаторго теңеген.
    Даткалар хан казынасынан жылына 200 батман аштык жана 1000 дилде алууга акылуу болушкан, ар кандай кызматтарды аткарышкан.
    Алмазбек Абасбековдун изилдөөсү боюнча 1804-1876-жылдары кыргыз инсандарынан төмөнкүлөр датка даражасын алышкан:
    Ажыбек (чыныгы аты Аспердин, Талас),
    Медет (Жумгал),
    Кедейбай (Чартактын акими),
    Сарымсак, Тойчу Молдо (Хоженттин акими),
    Шапак, Сейитбек (кесек уруусу),
    Болот, Касым, Гаиб (Алай),
    Бозой (Бадахшан),
    Тилла (тейит уруусу),
    Каракул (найман уруусу),
    Айдарбек (Чуй), Алымбек (Алай).
    Алымбек 1831-ж. Мадали хандан «Алайдын даткасы» наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.
    Курманжан Маматбай кызы (1811-1.02.1907) кыргыз аялдарынын ичинен гана эмес, бүткүл Борбордук Азиядан аялзатынан жападан жалгыз өзүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы менен сый-урматка татып 1864-ж. датка наамын алган, «Алай ханышасы» атка конгон. 1876-ж.
    Курманжан даткага орус бийлиги «полковник» чинин ыйгарган. Мындай чоң чинге ага чейин эч ким ээ болгон эмес. Айрым маалыматтарда ага чейин Зыйнат датка (Шералы хандын таежеси) болгону да айтылат.

  • Ормон Ниязбек уулу(1791-1854) 19-кылымдын ортосунда (1842) кыргыз урууларын бириктирип, кыргыз хандыгын (мамлекетин) түзүүгө аракет жасаган инсан. Ага Кокон хандыгы парваначы даражасын ыйгарган. Кол башчылыкка Төрөгелди баатырды, кеңешчиликке Жантайды дайындаган.
    Кокон хандыгынын кыргыздарга көрсөткөн кысымынан күтүлүү үчүн Орусиянын Сибирдеги аскер бийликтери менен тымызын байланыш түзүүгө аракеттенген. Бирок, ал ишке ашкан эмес. Анын казак султаны Кенесары Касымовдун жортуулун талкалоодогу айла-амалы (тактикасы) «Ормон опуза» деген ат менен белгилуу.

  • Тайлак Рыскул уулу, Тайлак баатыр (1796-1838) 19-кылымдын 1-жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн кыймылдын ири өкүлдөрүнүн бири, саяк уруусунун чоро уругунан. Ал бир тууганы Атантай менен бирдикте 1832-38-ж. Атбашы, Ак-талаа, Тогузторо аймагындагы кыргыздарды бириктирип, Кокон хандыгына каршы күрөштү жетектеген.

  • Ажыбек баатыр Токтобай уулу (1800-1856) Ат-башы, Какшаал чериктерин башкарып, кыргыз-кытай чегарасын сактоодо олуттуу орду бар инсан болгон.

  • Кубат бий 18-кылымдын 2-жарымында Алай жана Фергананын батыш жагындагы кыргыздарды бийлеген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүдө жасаган көп иштери уламыш катары айтылып келет.

  • Боромбай 1844-ж. Батыш Сибирдеги орус бийлигине бугу уруусун букаралыкка алуусун өтүнүп элчи жиберген, 1848-ж. ал орус бийлигине 2 ирет кайрылган. 1853-ж ага полковник чини ыйгарылган.

  • Байтик кыргыз элинин өз алдынчалыгына умтулуп, Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн башында турган инсандардын бири.

  • 1949-72-ж. Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы болуп, чет жерге ооп барган кыргыздарды чачыратпай башкарып жүргөн 1-адам Рахманкул хан (1912-1990)болгон.


    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ

  • Акаев Аскар (27.10.1990-24.03.2005,тактан алынган),
  • Кадырбеков Ишенбай (24.03.2005-25.03.2005),
  • Бакиев Курманбек Салиевич (25.03.2005-07.04.2010, тактан алынган),
  • Отунбаева Роза Исаковна (07.04.2010-01.12.2011),
  • Атамбаев Алмаз Шаршенович (01.12.2011-24.11.2017),
  • Жээнбеков Сооронбай Шарипович (24.11.2017-азыркыга дейре).


    КЫРГЫЗСТАНДЫН ОБЛАТКОМУНУН, ЭЛ КОМИССАРЛАР СОВЕТИНИН
    ТӨРАГАЛАРЫ ЖАНА ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛЕРИ


    Айдарбеков Иманалы (1924-25), Орозбеков Абдыкадыр (1925-27), Абдрахманов Жусуп (1927-33), Исакеев Баялы Дыйканбаевич (1933-37), Салихов Мурат (1937-38), Кулатов Төрөбай (1938^5), Раззаков Исхак(1945-50), Сүйөркулов Абды (1950-58), Дикамбаев Казы (1958-61), Мамбетов Болот (1961-68), Сүйүмбаев Акматбек Сүттүбаевич (1968-78), Ибраимов Султан (1978-80), Дүйшеев Арстанбек (1981 -86), Жумагулов Апас (1986-91, 1993-98), Исанов Насирдин (1991), Чынгышев Турсунбек (1992-93), Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович (1998), Ибраимов Жумабек (1998-99), Муралиев Амангелди Мурсадыкович (1999-2000), Бакиев Курманбек Салиевич (2001-02, 2005), Танаев Николай Тимофеевич (2002-2005), Кулов Феликс Шаршенбаевич (2005-2007), Исабеков Азим Бейшенбаевич (29.01-29.03.2007), Атамбаев Алмаз Шаршенович (29.03.-24.12.2007), Чудинов Игор Витальевич (24.12.2007-2010), Отунбаева Роза Исаковна (2010), Атамбаев Алмаз Шаршенович (2010 жылдан).


    КЫРГЫЗСТАН КОМПАРТИЯСЫНЫН ОБКОМ ЖАНА
    БОРБОРДУК КОМИТЕТИНИН БИРИНЧИ КАТЧЫЛАРЫ


    Каменский Михаил Давыдович (1924-25), Узюков Николай Анисимович (1925-27), Шубриков Владимир Петрович (1927-29), Кульков Михаил Максимович (1929-30), Шахрай Александр Осипович (1930-33), Белоцкий Морис Львович (1933-37), Аммосов Максим Кирович (1937-38), Вагов Алексей Власович (1938^5), Боголюбов Николай Семёнович (1945-50), Раззаков Исках (1950 -61, 2000-ж. жайында сөөгу Москвадан алып келинип, Аларча көрүстөнүнө коюлган), Усубалиев Турдакун( 1961-85), Масалиев Апсамат (1985-91), Аманбаев Жумгалбек Бексултанович (1991.04- 08).


    КЫРГЫЗСТАН БОРБОРДУК АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН,
    ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАЛАРЫ

  • Орозбеков Абдыкадыр (1927-37), Шамурзин Султанкул (1937-3 8), Салихов Мурат (193 8.02-05), Толубаев Асаналы (1938-43), Токобаев Моддогазы (1943^5), Кулатов Төрөбай (1945-78), Ибраимов Султан (1978.09-12), Дүйшеев Арстанбек (1979-81), Кошоев Темирбек Кудайбергенович (1981 -87), Акматов Таштанбек (1987-90), Масалиев Апсамат (1990-91), Шеримкулов Медеткан (1991-92), Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97), Myкамбаев Усуп (1997-2000) Матубраимов Алмамбет, Эркебаев Абдыганы (1998-2005), Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005), Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006), Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007), Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007), Тагаев Айтибай (2008-2010), Келдибеков Акматбек (2010 жылдан).

  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1-терагасы -И. П. Боряк(1938-40).

  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1991-ж. түзүлгөн. Анын тунгуч төрайымы-Баекова Чолпон Турсуновна.

  • Кыргыз Республикасынын 1- Омбудсмени (Акыйкатчысы) Турсунбай Бакир уулу. Ал 2002-ж. 21-ноябрда КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынында шайланган.


    АЛГАЧКЫ САЯСИЙ ИШМЕРЛЕР

  • Кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы коммунист, айыл өкмөтүнүн 1-төрайымы, эң алгачкы чарба башкармасынын раиси, БАКга 1-мүчө болуп, 1-Москвага барган - Уркуя Салиева.

  • Кыргыз ССР Жогорку сотунун 1 -төрагасы - С. Б. Сегизбаев(1936-37).

  • Кыргыз ССРинин 1-прокурору - А. М. Присяжный (1938-39).
    Биринчи кыргыз прокурору - Таш Кудайбергенов.

  • Кыргыз ССРинин 1-тышкы иштер министри - Казы Дыйканбаев (1944-49).

  • Ал эми кыргыз аялдарынан чыккан 1-тышкы иштер министри - Сакин Бегматова (17жыл болгон).

  • Алгачкы эл агартуу комиссары - К.Тыныстанов (1927).

  • Республиканын 1-мал чарба министри- Акун Саякбаев.

  • Кыргыз кыз-келиндеринен тунгуч министр - Нургазиева Фатима (Батый), 1955-жылга чейин Саламаттык сактоо министри болгон. Ал кыз-келиндерден чыккан 1-ректор дагы.

  • Жогорку партиялык мектепти аялдардан 1-болуп бүткөн - Күлүйпа Кондучалова. Ал кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы министрлерден дагы.

  • Кыргыз ССРинин улуттук коопсуздук органын жетектеген 1-кыргыз Жумабек Асанкулов. Ал Кыргызстанда аскердик чалгын структурасын 1-болуп уюштурган, Москвадагы КГБнын Жогорку мектебин 1-бүткөн кыргыз, «СССР коопсуздук кызматынын ардактуу кызматкери» наамын да биринчи алган.

  • 1992-ж. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондусу түзүлгөн. 1-терагасы Абдыжапар Тагаев Абдыкаарович.


    КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИКТЕРИ

  • 648-ж. июлда Кытайга кыргыз элчилиги баргандыгы жөнүндө маалымат бар.

  • Тарых маалыматтарына таянсак кыргыздардын Енисей доорундагы элчиси 38 жаштагы Эрен Улуг болгон. Ал кыргыз ажосу Барсбектин тапшыруусу менен 711 -ж. Тибет ханына элчиликке барган, бирок андан кийинки тагдыры белгисиз боюнча калган.

  • Кытайга барган алгачкы кыргыз элчилиги жөнүндө бизге так маалымат 1758-жылга тиешелүү. Ушул жылы Черикчи бий Темир уулу жетектеген кыргыз элчилери Пекинде Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгандыгын ооз жүзүндө билдиришкен жана согуштук жөнү менен таанышып кайтышкан. Кытай императору Черикчи бийге 3-даражадагы чиндик белги ыйгарган.

  • Соңку кылымдагы кыргыз элинин алгачкы дипломаты, эл аралык мамиле ырашкерлигинин негиздөөчүсү - Кыдыр аке.

  • Орусияга 1-кыргыз элчилигин 1785-ж. сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр Тынай уулу орус императору Екатерина 2-ге жиберген. Элчилердин башчысы Абдырахман Алкучак уулу (чын аты Карыганбай) болгон, Элчилерди Орусия борбору Санкт-Петербургда 1786-ж. 15-мартта Екатерина II салтанаттуу кабыл алган. 18-кылымда кыргыз дипломатиясына чыйыр салууга алгачкы аракеттерди жасаган Атаке баатыр орус мамлекети менен байланышты чыңдоону көздөп 1788-ж. Омбу шаарына дагы бир ирет элчи жиберген.

  • Ысыккөл өрөөнүнөн Орусияга барган 1-кыргыз элчилигин 1813-ж. 21-ноябрда бугу уруусунун бийлөөчүлөрү жөнөткөн.
    Качыбек Шералы уулу, Жакыпбек Ниязбек уулу баштаган элчилер 1814-ж. 5-январда Семейге келишкен. Тобольск шаарында Батыш Сибирдин генерал-губернатору элчилерди кабыл алган. Алардын Петербургга баруу жана Орусия императоруна жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.
    Элчилерге орус армиясынын капитаны чини берилген.

  • Кыргызстандын Москвадагы туруктуу өкүлдүгү 1924-ж. декабрда уюштурулган. Биринчи өкүлү Т. Токбаев болгон.
    Кыргыздан чыккан алгачкы элчилердин бири Закон Турдукулов, ал 1955-ж. элчи болгон Чет тилин билген 1-кыргыз адиси.

  • Алгачкы кесипкей кыргыз дипломаты - Талгарбек Сарбанов. Ал 1957-60-ж. Москвадагы дипломатиялык академияда окуп, 1960-ж. БУУдагы СССРдин өкүлчүлүгүнө жиберилген.
    1961-жылдан Мексикада иштеген, Т. Сарбанов АКШда, дегеле Америка континентинде кызмат өтөгөн алгачкы кыргыз.

  • СССР кулагандан кийин Кыргыз Республикасы кирген жаңы союз КМШ (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги) деп аталып, 1991-ж. 21декабрда түзүлгөн. Ал күнү Алматы декларациясы кабыл алынып, анда өз ара кызматташууга СССРдин курамынан бөлунуп чыккан эгемендүү 9 мамлекет кол койгон.

  • Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин 1-болуп 1991-жылдын 27-декабрында АКШ тааныган.

  • 1992-жылдын 1-февралында Орто Азиянын жана Кыргызстандын тарыхында 1 -жолу Бишкекте АКШнын жана Вашингтондо Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган. Бул республикадагы 1-дипломатиялык өкүлчүлүк болгон.
    Ушул эле жылы Кыргызстанда Кытайдын, Германиянын, Россия Федерациясынын элчиликтери иштей баштаган.

  • 1992-жылдан тартып КР эларалык абройлуу уюмдарга тең укуктуу мүчө боло баштады.
    1992-ж. 30-январда ОБСЕге мүчө болгон.
    2-мартта тарыхта 1 -жолу БУУнун (Бириккен Улуттар Уюму) мүчөлүгүнө кабыл алынып, ошол эле күнү БУУнун Нью-Йорктогу имаратынын алдында Кыргызстандын мамлекеттик желеги илинген.

  • 1998-ж. 14-октябрда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 1-болуп Бүткүл дүйнөлүк сода уюмунун 131-мүчөсү болуп кабыл алынган.

Ы.Кадыров "Кыргыздын гиннес китеби", Бишкек 2008

Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ