тарыхий
инсандар

www.санжыра.рф

Сайтка улам-улам толуктоолор киргизилүүдө.

www.sanjyra.ru


Асыл      болсоң      күндөй      бол
Ааламга      жарык      нур      берген.

Жакшы      болсоң      жердей      бол
Баарын      чыдап      көтөргөн.

Таза      болсоң      суудай      бол
Баарын      жууп      кетирген.

Улукман      болсоң      желдей      бол
Ушунча      жанга     дем      берген.


- Кылымдын тереңине телескоп.(З.Осоров)
  • Жакында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинде өлкөбүздүн жазуучуларынын, тарыхчыларынын “Кыргыздын 15 том тарыхы” энциклопедиялык басылмасын даярдоо жана басмадан чыгаруу иштерин баштоо жөнүндө конференциясы өткөрүлдү.
  • - “Алдыбызда турган эң татаал маселелердин бири, - деп айтты профессор Кусейин Исаев, - 100 чамалуу кыргыз санжырасынын XIX кылымдын акырында жазылып калтырылган түпкү тек санжырасынын чаташкан жактарын тактоо. Санжыра бул – кыргыз урууларынын тарыхы да. Ал санжыралардын далайы ар башка, так эмес, соңку кездери кошуп, редакциялап коюлган жактары да бар, кандайдыр бир утурумдук саясий максат көздөп. Мунун баарын оңуна келтириш керек, компьютердик моделдештирүү жана ар кандай варианттарын салыштыруу ыкмасын колдонуп, байыркы санжыра текстери, тарыхый маалыматтар, фактылар менен териштирип. Ошондо санжыранын ортолоштурулган вариантын иштеп чыгууга болот жана ал мүмкүн болушунча жеткиликтү негизге ээ болуп, кыргыз урууларынын бүт тарыхын болушунча толук камтыйт”.
  • - “Кыргыз санжырасын чечмелөө аркылуу гана биз миң-миңдеген жылдарды камтыган өткөн замандарга болушунча так жана ар бир учурун калтырбастан көрө билүүгө жетише алабыз, деп айтты тарых изилдөөчү Баяс Турал. Өткөндөгүлөргө кызылкулактык кылууга, бурмалоолорго жол бербеш үчүн бул иш өтө маанилүү. Биз өзүбүздүн бабаларыбыздын тажрыйбаларын болгонун болгондой так изилдеп, өзүбүзгө пайдалуу сабак алышыбыз керек”. 24.02.2009


  • Улуттук уюткулуу ынтымак үчүн.(Арыстан Эсенгул)


  • Дүйнө бүгүн чайналып турган мезгили. Бүт адамзатты түйшүккө салган экономикалык каатчылык бир жагынан кысса, экинчи жагынан дүйнөлөшүү (глобализациялоо) агымы майда улуттардын улам бирин мойсоп, дүйнөнүн чоң-чоң бөлүккө бөлүнүү процессин ылдамдатууда.
  • БУУнун иликтөөсү боюнча акыркы жүз жылдын ичинде жок болуп кетүү коркунучу бар улуттардын тизмесинин ичине кыргыз улуту да кошулуп калгандан бери улуттун мекенчил уулдары улутту сактап калуу аракети менен бир катар иш чараларды өткөрүп келатышат.
  • Дүйнөлөшүүнүн күчүнө каршы тура алаар бир гана күч бар. Бул - улуттун нарк-насили, каада-салты, тили. Мына ушул баалуулуктар бүлгүнгө учурап жок болбосо, улут жоюлбайт.
  • Ал эми улуттук жүзүн сакташ үчүн анын эң башкысы - ички уюткулуу биримдик - ынтымак күчтүү болушу керек. Тилекке каршы бүгүн кыргыз улутундагы ички ынтымак маселеси боюнча баары жайында эмес.
  • "Улуттук ынтымак жана биримдик үчүн" - деген теманын негизинде жакында Кыргыз улутунун Оң канат урууларына кирген уруу өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү.
  • Буга чейин Сол канат жана Ичкилик урууларына кирген уруу өкүлдөрүнүн жыйыны бир нече жолу болуп, бир катар кайрылуулары басма сөздөрдө жарык көргөн.
  • Жыйынга катышкандар уруулардын ынтымагын бекемдеп, аны канаттык деңгээлге көтөрүп, андан улуттук деңгээлге чейин алып чыгуу маселесине келгенде бир добуштан колдоого алынды.
  • Алгач ар бир уруу өз түзүлүшүн талдап чыга турган болду. Экинчи кадам - Оңдун курултайын өткөрүү, үчүнчү кадам - Оң, Сол, Ичкилик катышкан Улуу Курултай өткөрүү болмокчу.
  • Буга чейин эле мындай ынтымакка келип, бириккен уруулар да бар болуп чыкты. Маселен, Черик уруусунун "Черик ата" ынтымак фонду, солто уруусунун "Ай тамга" фонду бир катар ынтымак-биримдик иштерин жүргүзүп келатышат.
  • Оң канат урууларынын маалымат жыйынын өткөрүү демилгечилери сарбагыш уруусунун өкүлдөрү болду. Иш муну менен токтоп калбай, Оң канат урууларынын ишин жүргүзүүчү демилгелүү топ да түзүлмөй болду. Аалам, №30,28.04.2009



  • Туугандарыңызды же башка тааныштарыңызды тапкыңыз келсе төмөнкүлөрдү толтуруңуз.
     

    Атың:

    Фамилияң:

    Туулган жылың:

    Туулган жериң:

    Байланыш тел:


    Издеген адамыңыз:

    Аты:

    Фамилиясы:

    Туулган жылы:

    Туулган жери:

    Каттоо



    Биздин интервью:

    1.Санжыраны билүү керекби?

    2.Жети атаңды билесиңби?

    3.Ушул сайт жөнүндө оюуңуз?

    Жообун эл.почтабызга салыңыз.


    Кантип айтам?


    Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
    Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
    Тарыхты сен тарс атып салган менен
    Таңдайыңа сайылат эски жебе!

    Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
    Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
    Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
    Бабалардын байыркы арбагына?!

    Уу чалканды мойнума артам дагы,
    Улутумдун азабын тартам дагы.
    Унуттук деп тилимди кантип айтам,
    Урпактарга уялбай аркамдагы?!

    Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
    Тилин сактап калган эл улут болгон.
    Ата салтын, мурасын унуткандар,
    Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

    Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
    Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
    Эне тилин эсирип чангандарды,
    Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!
    (Исмаилов А.)



    Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
    Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ