Санжырачылар

Осмонаалы
Кыдык уулу Сыдыков

(1875-1942)
(Сарбагыш)
     Атактуу кыргыз тарыхчысы. Санжырачы. Кызыл-Дөбө айлында (Кочкор району) туулган. Өз кезегинде орто азиялык диний борбор Бухаранын медресесин жана Уфанын жогорку медресесин окуп бүтүргөн. Кийинчерээк он беш жыл бою көптөгөн кыргыз урууларынын конуш-жайын кезип маалымат топтоп, 1913-ж. "Муктасар тарых Кыргызия", 1914-ж."Тарых кыргыз Шадмания" китептерин Уфадан чыгарган.

Абдишарип
Тургумбай уулу

(Тактоо)
(Мундуз)
     Кыргыз элинин санжыра тарыхын мыкты билген, 1990-жылдын 13-октябрынан 19-октябрына чейин созулган, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айлында өткөн, санжырачылардын ат салышуусунда, 283 санжырачынын ичинен, маарага жеткен, мундуз уруусунан чыккан атактуу санжырачы.

Кеңеш
Жусупов

(1937)
(Тактоо)
      Кыргызстандын заманбап жазуучусу жана публицисти, Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер. Экинчи даражадагы "Манас" орденинин ээси (2016). “Байыркынын издери” (2001) аттуу көп тарамдуу, Кыргыз баласынын эзелтеден ХХ кылымдын башына чейинки тарыхынын урунттуу учурларын саймедирлеп жазып келген. Көп жылдык мээнет терин төгүп, эки-үч томдуктан он томдук жана он төрт томдук басылмаларга чейин жеткирилген “Кыргыздар” жыйнагы (1990-2011) эгемен Кыргызстандын маданий турмушундагы өзгөчө бурулуш учурлардан болуп калды.

Төлөк
Төрөкан уулу

(1932-2018)
(Кушчу)
     Кытайлык кыргыздардын XX кылымдын экинчи жарымы–XXI кылымдын башындагы чыгаан санжырачыларынын бири.
Ал көзү өтө электе чыгармасы Кытайда “Кызылсуу Кыргыз басмасы” (2011-ж. – 554 бет.) тарабынан жарыкка чыгып, ал түгүл китеби Кыргызстанга да жеткен.
Төлөк Төрөкан 1932-жылы Кытайдын Артыш шаарынын чыгышында Күркүрөө деген жерде туулган. Өмүрүнүн соңунда ал Каражүл айылына таандык Аңыз деген кыштакта байырлап турган.


Сабыр
Аттокуров

(1932-2005)
(Саяк)
     Кыргызстандагы көрүнүктүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор, кыргыз этнографиясын жана санжырасын иликтеген адис. Студенттерине окуган лекцияларында кыргыз элинин өзгөчөлүгүн, каада-салты менен үрп-адаты жана аларды сактап калуу зарылчылыгы тууралуу айтып келгендиги үчүн 80-жылдардын акырында улутчул деген жалган жалаа менен жумушунан бошотулуп, КПССтин катарынан чыгарылып,кийин кайра реабилитацияланган. 1995-жылы “Кыргыз санжырасы” аттуу китебин чыгарган.

Саул Менделевич
(Матвеевич)Абрамзон

(1905—1977)
     Советтик этнограф, түрколог, тарых илимдеринин доктору. Орто Азиядагы кыргыздардын этногенезин изилдө өчү катары кеңири белгилү ү болгон. 1926-жылдан 1931 жылга дейре Кыргызстанда эмгектенип , кыргыздардын тарыхын, этногенезин, «Манас» эпосун изилдеген. Кийин Ленинград шаарында СССРдин илимдер Академиясында Орто Азия, Казакстан жана Кавказ боюнча этнография секторунда иштеген. Чыгарган китептери: «Түндүк Кыргызстандагы кыргыз калкынын этникалык түзүмү», «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхий-маданий байланыштары» ж.б.

Тынчтыкбек
Чоротегин (Чороев)

(1959)
(Тынымсейит)
     Тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору (1998), профессор (2002). Кыргыз Тарых Коомунун президенти (2012-жылдын 11-февралынан). Айрым китептери жана китепчелери: Чоротегин, Тынчтыкбек Кадырмамбет уулу. Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк», 2017. - 376 бет. Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. 2000. –– 160 бет. ж.б.

Кален
Жетимишбай уулу

(1921)
(Баргы)
     Жогорку билимдүү. Кадырман майдангер. 48 жыл мугалим болуп иштеген. 1990-жылы Жети-Өгүз районундагы Шалба айлында Санжырачылардын жумурияттык коомун түзгөн.

Акмат
Карыбай уулу

(1927-2007)
(Саяк)
     Чоң санжырачы. Ысык-Көл районунун Темир айлында туулган. Жогорку билимдүү. Эркин жазуучулар бирикмесинин, Кыргызстан журналистер союзунун мүчөсү болгон. "Көл сыры", "Жашыл дарак", "Менин энем" ыр жыйнактары, "Кайып", "Кыз моло" поэмалары жарыкка чыккан. "Калыгул олуя", "Өзүмдөгү өзүм" жана башка аңгеме, повесттерин басууга даярдаган.

Үсөйүн-ажы
(1916)
(Тактоо)
      Кытайда туулуп өскөн, санжырачы. 1962-1965-ж. Пекиндеги борбордук ислам диний изилдөө институтунда окуп билим алган. Ал Синъцзяндагы кыргыз тарых-адабиятын изилдөө коомунун мүчөсү. Билимин дагы өркүндөтүү үчүн Египет, Тунис, Кувейт, Сомали сыяктуу мамлекеттерде жүрүп кытайча, арапча, фарсча, түркчө окуп-жазууну өздөштүргөн. Анын «Кыргыз санжырасы» деген китеби 1989-жылы Кытайдагы Кызыл-Суу басмасынан чыккан.

Макиш
Узакбаев

(1923)
(Бапа)
     Тарыхчы, санжырачы. Партиянын Ысык-Көл областык комитетинде, Райондук эл агартуу бөлүмүндө жооптуу кызматтарда иштеген. 1990-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айлында өткөн санжырачылардын республикалык сынагына катышкан.

Сыргак
Сооронкулов

(1932)
(Саруу)
     Кыргызстанда белгилуу санжырачылардын бири. Талас облусунун Үрмарал айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Кыргыз Республикасынын ардактуу ардагери. Совет доорунда айыл чарбалык кызматында жетекчи болуп көп жыл эмгектенген. Идеологиялык кысымга карабастан өмүр бою санжыра жыйнап келген.

Мухуддин
Төлөбаев

(1940)
(Солто)
     Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринария департаментинде инспектор, "Ветеринария" газетасынын редактору болгон. "Жайыл баатыр" аттуу көлөмдүү китептерди жазган.

Турдакун
Султанов

(1918-2010)
(Сарбагыш)
     Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айлында туулган. Улуу Ата-Мекендик согуштун башынан аягына чейин катышкан, согуштун 2-группадагы майыбы. Көп жылдар "Сталин" атындагы Ысык-Көл колхозунда эмгектенген. "Кыргыздардын өзөктүү санжырасы" (2010) аттуу китептин автору.

Эгемберди
Маанаев

(Тактоо)
(Тактоо)
     Профессор, Тарых илимдеринин доктору. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. РФ-нын социалдык-педагогикалык Академиясынын Академиги. И.Арабаев атындагы КМУ-нун тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору.

Эсенкул
Төрөкан уулу

(1915-)
(Тактоо)
     Чүй районундагы Бурана айлында туулган. Санжырачы, эмгектин жана согуштун ардагери, республиканын алдында өзгөчө эмгек сиңирген персоналдык пенсионер, "Манас" орденинин ээси. 1995-ж. чыккан "Кыргыздын кыскача санжырасы" аттуу эки томдуктун автору.

Жангазы
Акматов

(1953)
(Бешбала)
     1998-жылдан 2005 жылга дейре Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары, Ысык-Көл районунун акими болуп иштеген. Азыр Азия универсал банкынын Чолпон-Ата филиалынын жетекчиси. «Данк» медалынын ээси. «Бабалар баяны, же урпактарга кеткен татаал жол» аттуу көлөмдү ү (418 бет.) китептин (2013-ж.) автору.

Намырбек
Чокморов

(1925-2010)
(Кушчу-Жетиген)
     Жазуучу, тарыхчы, экономика илимдеринин кандидаты, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери. 2007-жылы чыккан «Сүймөнкул Чокморов. Даректүү баян» аттуу китептин автору.

Жумаш
Сырдыбай уулу

(1929)
(Бугу-Толубай)
     Санжырачы, мугалим. Талды-Суу айлында айылдык кеңештин төрагасы болгон. 1990-жылдын 13-октябрынан 19-октябрына чейин Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айлында өткөн санжырачылардын таймашына катышкан. "Хан Толубай баяны" дастанынын автору.

Кусеин
Исаев

(1937)
(Саяк)
     Философия жана социологиянын профессору, РФ-нын Социалдык жана Гуманитардык илимдер Академияларынын академиги, КР-нын билимге эмгек сиңирген кызматкери. 2008-жылы чыккан "Бостери жана бостериликтер" аттуу китептин автору.

Абдыкапар
Осмонаалы уулу

(1928)
(Азык)
     Жогорку билимдүү. 30-жыл мектепте директор болгон. Эл агартуунун отличниги. Мүнүшкөр, "Манас" айтат, сыныктарды айыктырат. 1998-жылы чыккан "Дордой жана анын урпактары" аттуу китептин автору.

Шайкыдин
Акмат уулу

(Тактоо)
(Тактоо)
     Текст

Султанбек
Абдыракманов

(1963)
(Мундуз)
     "Нур" телерадио-компаниясынын баш редактору, 1995-2005-жылдары Улуттук телерадио-корпорацияда кабарчы, баяндамачы, "Манас" чыгармачыл өндүрүш бирикмесинин жетекчиси.

Мусалы
Иманалиев

(Тактоо)
(Тактоо)
     Экономикалык илимдердин доктору, профессор.

Токтомамет
Жусупов

(1927)
(Сарыбаргы)

     Совет райондук даярдоо конторасында директор, Ленин атындагы колхоздо төрага жана башка жооптуу кызматтарда иштеген.


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ