КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРЫХЫЙ ГЕОГРАФИЯСЫ
(Үзүндүлөр • 27-январь 2020-ж. • 09:47 • Фейсбуктан)

Курманали Матикеев
география илимдеринин доктору, профессор


    КИРИШ СӨЗ
    Өткөн ата-бабаңды
    Олтурган жерден ким кууган.
    (Кыргыз эл санжырасы.)

    Тарыхтагы байыркы кыргыз уруулары азыркы түрк элдеринин башатын түзгөндүгү, айрым уруулардын жок болуп кеткендиги, же түрк элдеринин урууларына айланып калгандыгы, эбегейсиз Евроазия чөлкөмүндөгү бөлүнүп калуунун жана көчүүнүн натыйжасында болгон. Алгачкы мезгилде Кыргыз эли «Күн» эли деп аталып, кийинки доорлордо «киен-куйн», «хакас», «кыр-сахро-огуз», «кыр-огуз», «гекун», «жянкун», «жийегу», «чийигүү», «хегес», «шагас», «жылыс», «булути» жана «гун» деп аталып келген. Кыргыздар байыркы доорлордо «макачы», «кыргынчы», индус тарыхында “Косан” деп аталганы “Кыргыз эл санжырасында” маалымдалат.

    Кыргыз элинин түпкү теги Мухаммедден 3400 жыл илгери (жаңы стиль боюнча 4700 жыл башта) жашагандыгы; улуттук ичимдик болгон бозонун пайда болгонуна 9 миң жыл өткөндүгү; тарыхчы Фавет Бузандын «кыпчактын кол башчылары бозо ичет» деген маалыматты; «Улуу дубалдын» б.з.ч. 14-3 кк. кытай кол башчысы Лоу-Лянь, императору Ин-Чтян-Цин Щи Хуанди тарабынан кыргыздардан коргонуш үчүн курулгандыгы жөнүндөгү маалымат; Иран, Ооган, Тажик элдериндеги Манос, Момос, Манус баатырлар кыргыз элинин байыркылыгын тастыктап турат. Дөөттүн (темир иштетүү) доорундагы «байиттин» кыргыз элинде сакталып калгандыгы; Америка континентиндеги Салман, Миссур, Кут, Калмат, Манас, Солтон-Си, Энесай-Ата, Серүүн-Дөбө, Көк-Бийсу ж.б. топонимдер; «Бибиляда» жазылган Жакынкы Чыгыш Азиядагы (Дөөттүн, Мусанын доорлорундагы) Манасия жери, Манасия мамлекети, Эрмен-Тоо, Туздуу-Көл, Жакыптын кудугу-деген географиялык атоолордун болушу Кыргыз империясынын 5000-6000 миң жыл башта калыптанганын, кыргыздар сактардын урпагы экендигин, кыргыз эли менен кыпчактар бийликтин эки бутагын түзүп, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн башаты жана алардын өзөгү болгондугун далилдейт.

    Байыркы жазмалардагы «Сейстан», «Сиджистан», «Сакстан»,-сактардын-скифттердин мамлекети жөнүндөгү маалыматтар бул ойду толуктап турат. «Сейстан» мамлекетине чыгыш Иран, түндүк Афганистан, Туран ойдуңу кирип, кийинчээрек ага бүткүл сак-скифтердин жашаган аймактары караган (Шахнамэ,1 китеп). Бичурин (б.з. 64-ж) скифтер бактрияны жана арменияны басып алып, аны «Сакстан» деп аташкан деп белгилейт. Птоломейдин «Географиясынын» 13-бөлүмүндө сактардын өлкөсү Яксарт (Сыр-Дарыя) дарыясынын чыгышында 125 градус узундукта жана 430 градус кеңдикте жайгашкан, анын батышында 125 градус узундукта, 380-301 градус кеңдикте Индия-Кавказ тоосу, чыгышта Имай (Гималай) тоосу орун алган деп берилет.

    «Манас» эпосунда жана байыркы жазма булактарында кыргызстандын тоолору Улуу-Тоо, Азирети-Тоо, Чоң Ала-Тоо деп аталып келсе, ал тоолорду кытай «жезити» (чалгынчысы) Чжань Цянь (б.з.ч.118-115ж.ж.) өзүнүн чалгындоо маалыматында Тянь-Шань (Көк мелжиген тоо) деп берет. Бул аныктаманы орус саякатчылары колдонуп «Тянь-Шань» деген сөз илимий чөйрөгө терең сиңип кетет. Кийинки учурда, колдонулуп жүргөн «Теңир-Тоо» деген түшүнүк Чыгыш Турандагы Кичи Ала-Тоого таандык. Алардын уландысы болуп Борохоро, Богдошань, Богдо-Улла ж.б. тоолор саналат, алар «Теңир-Тоо» деген маанини берет.

    Эпостогу жана тарыхтардагы «Түркестан» деген аталыш Орто Азияга жана Борбордук Азиянын батышына таандык. Орто Азиянын Каспий деңизинен Хан-Теңири чокусуна чейинки чөлкөм (Какшаал тоосунун батышы) Батыш Түркестан; андан чыгышы (Борохоро жана Борохотан тоолоруна чейинки аралык) Чыгыш Түркестан (азыркы Шынжан аймагы) деп аталат. Батыш Түркестан тоолору Чоң Ала-Тоо, Чыгыш Түркестан тоолору Кичи Алатоо (Теңир-Тоо) деп берилет. Теңир-Тоо деген аныктаманы азыркы учурда Азирети-Тоого таандык кылып жүрүшөт. Бул илимий-географиялык түшүнүктүн жоктугунан келип чыккан көз караш. Байыркы тарыхта кытай «Чин» деп берилип, ал Чин-и-Буруни (Түндүк Кытай), Чин и Мотлак (борбордук жана батыш кытай), Чин и Андаруни (ички Кытай) жана Мачин (Түштүк Кытай) деген төрт бөлүктөн куралганы эскертилет. Жалпы кытайдын борбору Чоң Бээжин деп аталып, ал эми калган аймактардын борборлору Чет Бээжин, Орто Бээжин,Түп Бээжин деп аталган. Эпостогу жер-суу аттарынын айланасына топтолгон окуялар кыргыздардын байыркылыгын тастыктайт.

    Китепте кыргыздардын байыркылыгы, кыргыздар «түрк» деген аталыштагы элдердин башаты экендиги талданды; Манастын варианттары менен тарыхый жазмалар салыштырылып, топонимикалык бирдиктүүлүк кабыл алынды; варианттардагы далилдер азыркы илимий аныктоолордун негизинде географиялык-топонимикалык жагдайда тастыкталды; Манастын доорунун адам коомунун өнүгүү доорлорунун ичиндеги орду аныкталды; «Улуу жортуулдун» (кыргындын) кыргыздардын бытыранды абалга тийгизген таасири далилденип, кыргыздардын көчүү жолдору, илимий түшүнүктөрү, философиясы берилип, аймактардагы топонимикалык жалгашуулардын негизинде «Улуу империянын», каганаттардын жана хандыктардын географиялык орду тастыкталды. Угузхандын жортуулдарынын картасы түзүлдү. Карталарда берилген чек аралар так деп айтуудан авторлор алыс. Себеби “Карта реалдуу чындык эмес, идеалдуу схема”, б.а. реалдуу тактыктын жакындатып алынган схемасы. Китептин өзөгүн тарыхый жазмалар, географиялык карталар, топонимикалык далилдер түзгөндүктөн бул багытта билим деңгээлдери төмөн болгон, өздөрүн “Аалым” сезгендер “пикир айтымыш” болору шексиз. Мен алар менен такташууга даярмын.




Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ