КЫРГЫЗДАР КЫРК КЫЗДАН ТАРАГАНБЫ,
же САНЖЫРАЧЫ ОСМОНААЛЫ СЫДЫКОВДУ КИМДЕР ШЫЛДЫҢДАГАН?

Гүлзат Аалиева
(Фейсбук баракчасынан, 11.08.2020-ж.)


    УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!
    ТЕҢИРИМ ЖАЛГАП, КЫДЫР-УМАЙЫМ (КУДАЙЫМ) КОЛДОСУН!

    Жети атаны билүү - ар бир кыргыздын улуу парзы. Жети ата орточо эсеп менен 30 жашында балалуу болсо, демек, 7 x 30 = 210 жылдык тарыхты билебиз.

    210 жыл мурда жашаган 7-атанын жети атасын билүү, демек, 210 x 7 = 1470 жылдык тарыхты билүүгө барабар.

    ХХ кылымдын башында Кочкордон чыккан Осмонаалы Сыдыков деген санжырачы Ташкентте диний медреседе билим алат. Бирге окугандардын "Кыргыздар кырк кыздан тараган. Кырк кыз никеси жок эле өз балдарын айылдын кызыл тайганынан нокотек тууп алган" деген шылдыңын ал өтө оор кабыл алып, кыргыз тектүү эл экенин далилдөө үчүн куржунун жонуна асып,
    - Кыргызстандын баардык аймактарын,
    - Өзбекстандагы кыргыздар отурукташкан айыл-кыштактарды,
    - Кытайдагы кыргыздар жашаган жерлерди жөө кыдырып, санжыра чогулткан.

    Бүгүнкү күндө мектептер менен жогорку окуу жайларында "Кыргыз тарыхы" боюнча жазылган китептер тили буруу илимпоздордун "Кыргыздар кырк кыздан тараган" деген маалыматын кыргыздын балдарына окутуп келет.

    Бул деген кыргыздын үлуттук ар-намысына тийе турган өтө уят иш. Анткени, жети ата менен жети урпактын культу үстөмдүк кылган кыргыздарда атасы жок нокотек балдар туулган эмес. Демек, "Манас" эпосу менен дүйнөлүк мааниге ээ китептерден кыргыздын түпкү өзөгүн таап, аны тарых китебине киргизип, келечек урпактарга туура маалымат берүүгө мезгил келди.

    "Манас" эпосунда жана аруу элдеринин генеологиясында адамзаттын түпкү теги Кыдыр-Умайдан (Кудайдан) башталат. Буга илимий далилдер жетишээрлик. Ал далилдерди башка бир постто кенен келтирели.

    Эми менин ата-бабама келсек, анда мен 18 атамды билет экенмин:
    1. Карыбек
    2. Аалы,
    3. Тагайбай,
    4. Бекбоо,
    5. Абылкайыр (анын урпактары Жакыпбек болуш менен атактуу Боогачы акын),
    6. Байсары,
    7. Дүйшөнбек,
    8. Бакы,
    9. Кутугай,
    10. Улуу Кыйра,
    11. Алсейит,
    12. Самансур (кыргыздардын адат укугун негиздеген алгачкы юристи),
    13. Асан,
    14. Моңол, же Моңолдор,
    15. Көкө Баатыр менен Наалы эже,
    16. Болот хан,
    17. Кылыч хан (анын иниси Омор хан Индияга чейинки жерди багындырып, "Улуу Моголдор" ("Великие Моголы") деген улуу империяны түзгөн. Анын борбору Индиядагы Дели шаарында болгон),
    18. Моңол,
    19. Аккан ("Курманбек" дастанындагы Курманбек баатырдын эң мыкты досу Аккандын өзү).
    - Аккандын теги "Манас" эпосундагы нойгуттардын ханы Акбалтага барып такалат,
    - кыргыздын теги Кыдыр-Умайга (Кудайга) барып такалат. Бул маалымат Торада, Библияда жана Куранда "Сыновья Истинного Бога" деген аталыш менен берилген.


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ