М  А  З  М  У  Н  У
  • «Хан Тейиш». Ар нерсеге өз баасын берсек
  • Тынымсейит уруусунун баяны
  • Тынымсейиттердин тукумдарынын таралышы
  • Тынымсейиттерге башка уруулардан келип кошулган туугандар
  • Тынымсейит уруусунун Нарын өрөөнүнө көчүп келиши
  • Даанышман акын Арстанбек (1824-1878-жж.)
  • Манасчы Тыныбек (1846-1902-жж.)
  • Актан Тыныбек уулу
  • Табылды Актан
  • Кабак баатыр жана анын балдары
  • Сатылган мерген
  • Балчак баатыр
  • «Беш бала» уруусунун баяны
  • Беш баланын башка варианты (Түпкү маңызы бир)
  • Санчы-сынчы – Ормон хандын чоң энеси жөнүндө
  • Беш баланын урпактары көл кылаасында
  • Акмат уулу Ыбрай жана анын урпактары
  • Тоңдук беш балалар
  • Ак-Суу районунун Чолпон айлындагы беш бала уруусу
  • Дархан айлындагы беш бала уруусу
  • Жеңиш (Чычкан) айлындагы беш балалар
  • Ак-Дөбө айлындагы беш балалар
  • Ой-Булак айлындагы беш балалар баяны
  • Совет өкмөтүнүн кызматында – Оморов Жунуш
  • Чолпон-Ата шаарындагы беш балалар
  • Оргочорлук беш балалар
  • Турмуш жолун эскерип
  • Тоонун ички сырларын ачып
  • Биздин артист
  • Кытайдагы туугандарга сапар
  • Кыргыздын кээ бир салттары, адеби
  • Укум-тукумдун аталышы
  • Мүчөл жыл тууралуу
  • Жыл сүрүү
  • Кыргыздын түркүн салттары
  • Устукан кандай тартылат?
  • Жан-жаныбарлар жөнүндө
  • Кыргыздын акыл-насааттары, макал-лакаптары, үлгү-кептери, осуяттары, бабалар менен билгилердин сөздөрү
  • Боз үй
  • Генеалогиялык таблицалар
  • Колдонулган адабияттар


  • «Бабалар баяны, же урпакка кеткен татаал жол» китеби кыргыз элинин руханий байлыгына кошулган ири салым,
    бул китеп мындан аркы басылыштарында дагы далай ирет толукталып, сезим таразасына дагы далай ирет коюлуп, асыл наркы
    артыла берсе, келечек муундарыбызга өтө керектүү, уул үйлөп, кыз узатканда таберик катары бере турган улуу белек.


    ЖАН ДҮЙНӨ ЖАҢЫРЫГЫ                       (Мазмунга)

    Мына бу – ары-бери оодарылган өзгөрмөлүү, оомал-төкмөлүү заманда кыргыз эли эгемендикке ээ болуп, өзүнчө түндүк көтөрүп, түтүн булатканы менен, кайда бараар багытын али-бери жакшы биле бербей, там-туң баскан жаш баладай улам жыгылып, улам туруп, ары жагын, бери жагын кылчактай карап турганда, туңгуюктан табылган жол, караңгыга төгүлгөн шоола сыяктуу бир керемет көргүң, издегиң келери турулуу нерсе го. Ал эми ошол издегениңди бабалардын баскан жолунан, уңгусунан, үлгүсүнөн, акыл-насаатынан, санатынан, каада-салтынан, үрп-адатынан, өтмүшүбүздөн, тарыхыбыздан, санжырабыздан издеп көрсөк кантет? Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери көп эле адашып, көп эле жаңылып, алданып, ырыскыбыбыз, байлыгыбыз таланып, тообуз томсоруп, көлүбүз, элибиз толкуп, эки ирет революцияны баштан кечирип, жүздөгөн эр-азаматтарыбыздын бейкүнөө каны төгүлүп, ынтымак ыдырап, элдигибиз, мамлекеттүүлүгүбүз жок болуп кетүү коркунучу босогобузга келип турганын да моюндабай коё албаспыз. Эгемендүүлүктүн, демократиянын шарапаты менен Батыштын ээнооз саясаты, ыплас маданияты, ар кандай диндер, агымдар да тээ алмустактан бери кырылып, кыркылып, жоголуп, жоюлуп кетпей, урпактарын улуу жолго баштап келаткан кыргыз элин бир жайпап өтүп, “эми кантээр” экенсиң дегендей тарых сыноосуна коюп олтурган учур. Анын үстүнө, адилет, калыс, көсөм, акылы жетик кеменгер, кылычтын мизиндей өткүр, чечкиндүү, баатыр, батыл, эл тилеген эр азамат журт башына көптөн бери келбей, Абыке, Көбөштөр, ачынган Карынбайлар элдин канын сүлүктөй соруп, кырчындай боз уландар, жигиттер, тал чыбыктай буралган кыз-келиндер жан багуунун айынан чет мамлекеттерге тентип-тербип кетип, кудайга шүгүр, жок дегенде ошолордун жардамы менен болсо да аздыр-көптүр элижурттун насиби артып, элдүүлүгүнүн пайдубалы азырынча бекем турат? Эми мындан ары эмне болот?..

    Бабаларыбыз мурастап таштап кеткен бейиштей кыргыз жерине улуу мамлекеттер көз артып, өз кызыкчылыктарын таңуулап, бара-бара азгантай кыргыз элин өздөрүнө сиңирип, жутуп ойгон ажыдаардай жок кылып жиберүү коркунучу да жок эмес.

    Кыздарын кытайларга, корейлерге, негрлерге берген, ошого сыймыктанган, алардын берген азын-оолак “сөөк ыргыткан жардамдарына” канагаттанган замандаштар да жок дей албаспыз бу күндө. Эми мындан ары эмне болот?

    Жаңы замандын шарапаты, шапатасы менен эгерим тукум курутаар ооруга (кеп СПИД жөнүндө) чалдыгып көрбөгөн, башаты мөл булактай таза кыргыздын чөлкөмүн кара тумандай каптап келаткан бу дарт улам чар тараптан кысып келатат. Далай сыноолордо, кыргындарда, согуштарда, кыйраткыч оору-тумоолордо элдигин жоготпой келген кыргыз элинин келечеги эми мындан ары эмне болот?

    Мындай суроолор китепти окуган адамга түздөн-түз берилбейт. Бирок, элибиздин, журтубуздун келечеги, багыты кай жакта экени таасын көрсөтүлүп, нукура таза башатыбыздан өтө эле алыстап кете электигибизди, идеологиябызды тияк-бияктан издебей, бабалардын баскан жолунан, тарыхыбыздан, санжырабыздан, акыл-насааттын бай мурасынан издесек туура болорлугун тастыктайт калемгер.

    Көлдөн чыккан улуу инсандар, айтылуу жети аке: Карга-аке (1718-1828-ж.ж.), Мойт-аке (1750-1843-ж.ж), Сарт-аке (1780-1865-ж.ж.), Тилекмат-аке (1800-1863-ж.ж.), Садыр-аке (1821-1905-ж.ж.), Карач-аке (1837-1914-ж.ж.), Кыдыр-аке (1843-1926-ж.ж.), кеменгер, көрөгөч инсандар Калыгул олуя (1785-1855-ж.ж.), Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878-ж.ж.), Тыныбек-манасчы (1846-1902-ж.ж.) жөнүндөгү баяндардын өркөмдөлүп, жеткиликтүү тил менен берилиши, алардын тарыхтагы көөнөргүс орду жөнү ндө таасын жана таамай жазылышы келечек муун үчүн өтө зарыл, “кулагына күмүш сырга”, көкүрөгүнө жат тутар, басар жолго шам тутар акыл катары сунушталат.

    Жангазы инимдин жазуучулар Сабырбек Бейшембиевдин “Хан Белек” баяны, Асанбек Стамовдун ”Хан Тейиш” романдарын окуп, терең талдап, тарыхый фактыларга өз баасын бергени да анын өз элинин өтмүшүнөн терең кабардар экендигинен кабар берет. А.Стамовдун китебиндеги тарыхый фактылардын одоно бурмаланышын батыл сындап өз пикирин окурманга сунуштай алганы колдоого татырлык.

    Китептин тили жатык, шыдыр окулат, демек, автор калеми эбак төшөлүп калган калемгер, анын эмдигиче кыргыз адабият айдыңынан көрүнбөй жүрүшүнө автор өзү күнөөлүү чыгаар, же “ырыңды жаз, же чарбанын ишин аткар” деген кечээги буйрукчул, өкүмчүл коммунисттик доор күнөөлү ү чыгаар, бирок “ийгиликтин эрте-кечи жок” демекчи, катарыбыз дагы бир дараметтүү калемгер менен толукталаарына көзүм жетип турат.

    Албетте, кемчилдиктер да жок эмес. Азыркы айрым инсандардын адамзатка үлгү болор эмгеги жогун деле тууган жылынан бери берүүгө болгон автордун далалаты бир аз китептин баркбаасын кемитип коёр бекен деген күмөнсүү бар экенин жашыргым келбейт.

    Китептин санжыра-тарыхтан, ата-бабалардын баскан жолунан, улуулардын уңгусунан, үлгүсүнөн башталып, алтынга алмашкыс баалуу, өтө керемет: ”Кыргыздын кээ бир салттары, адат, адеби”, “Укум-тукумдун аталышы”, “Атанын балдарын атоосу”, “Жыл сүрүү”, “Ай аттарынын аталышы”, Устукан кандай тартылат?”, “Кыргыздын жети ыйык тутканы” аттуу бөлүмдөрү анын баалуулугун арттырып, энциклопедиялык деңгээлге көтөрөт.

    “Бабалар баяны, же урпакка кеткен татаал жол” китеби кыргыз элинин руханий байлыгына кошулган ири салым, бул китеп мындан аркы басылыштарында дагы далай ирет толукталып, сезим таразасына дагы далай ирет коюлуп, асыл наркы артыла берсе, келечек муундарыбызга өтө керектүү, уул үйлөп, кыз узатканда таберик катары бере турган улуу белек болор эле деп ишенимдүү айта алам. Ал эми авторго агалык ыкласым менен ыраазылык билдирип, ийгилик каалайм, бар бол иним, калемиң колдон түшпөсүн! Жан дүйнөңдүн жаңырыгы кылымдарды карытсын!

    Төлөгөн Мамеев,

    Кыргыз Эл акыны, Интеллектуалдык менчиктин
    Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси.

    САНЖЫРА - БИРИМДИККЕ ЧАКЫРАТ                       (Мазмунга)

    Кыргыз кыргыз болуп жаралганы санжыра айтуу кошо пайда болуптур. Алла-Таалам жаратканы кыргыз элине ар түрдүү мыкты жөндөмдү кошо берген окшобойбу. Кыргыздар сөздү бапестеп багып, туура жана так айтып, кынаптап, ар бир сөзгө терең маани берип, чечендикти бийик кастарлаган.

    Кыргыздар көчмөндүк турмушта жашаса да уруу-уруктар, кала берсе элдин кайсы чөлкөмдө, кайсы динде экендигин колунун беш салаасындай ачык билишчү.

    Санжыранын түпкү чыгышы арабдан деп жазат элдик академик К. Карасаев. Санжыра бул бутактуу дарак, дейт арабча. Ал эми кыргыздарда укум-тукумдун таралышы, ата-бабанын тарыхы. Кезегинде Жеңижок төкмөлүк өнөрүн көрсөтүп жатып: «Санжыра сөзгө кулак сал, калтырбастан чаласын!» деген экен.

    Санжыраны тыңшаган адам терең ой жүгүрткөн, өткөн тарыхты билүүгө кызыккан, ынтызар экендигинен кабар берет. Ооба, санжыра элди, улутту биримдикке чакырган айтылыш, ал элдик оозеки чыгармалардын өзөгүн түзөт. Анда элдин, уруктун, башынан өткөргөн окуяларын, болумуштарын турмуштук чындыкка шайкеш кынаптап берет. Мына кыргыз элинин баркын, даңкын бүт ааламга тааныткан, кыргыздын каада-салтын, үрпадатын, жашоо-тиричилигин айкын чагылдырып, кыргыз элинин эрдигин, берендигин, баатырдыгын айдан ачык көрсөткөн, кеменгер Айкөл Манас эпосу да санжыра аркылуу айтылып ушул күнгө жеткен. Эч жазмасы жок, эч кандай билими жок эл көкүрөккө түйүп, андагы каармандардын аты-жөнүн адаштырбай айтылышы суктандырбай койбойт. Элибиздин этнографиясын өз калыбынан бузбай, илимий изилдөөлөргө шарт түзүп берет. Көчмөн турмуштун, каардуу кармаштардын согуштук залакаларын, сабатсыздыктын түпкүрүндө болгону менен айтылыштар деги эле кыргыз элинин тагдыры ченебегендей чечмеленип айтылат. Жер каймактагандан берки мезгилде кыргыз эли бир нече жолу эл катары жок болуп кетүү коркунучун башынан кечирген кездер так жана элестүү бай сөздөр менен тастыкталат. Кыргыздар баскынчылардын алдында эзилген мезгилдер болгонун, акыры элдүүлүгүн сактоо үчүн жеңилиштин ызасын урпактары жоюп, аталарынын намысын коргоп, Жер үчүн, Мекен үчүн жандарын кыйышкан, өлүмгө барышкан. Кыргыздын канында болушу абзел: эзели эч качан башын ийип, кол куушурушкан эмес. Ар дайым боштондукта, эркиндикте жүрө билген жана аны коргоого түздөн-түз барышкан. Тирүү калгандар өлгөндөрдү урматташкан, аларга таазим кылышып, улуулардын мурастарын ыйык сакташып, намыстын туусун бийик көтөрүшүп, жеңиштүү калк экенин даңазалап келишкен, элдүүлүгүн сакташкан.

    Ушундай замандын оомалуу-төкмөлүү жагдайларын, алардын эли-жери үчүн жасаган орошон эмгектерин санжырачылар ооздон-оозго, укумдан-тукумга төкпөй-чачпай жеткиришкен. Алардын алтын шилекейин чачыраткан айтымдары кылымдар бою сакталып келген.

    Кыргыздын санжырасы так ушинтип пайда болгон. Бекеринен жети атасын билбеген адам «кул» деп аташпагандыр, ошондон улам эркек бала жети жашка чыкканча жети атасын сөзсүз билиши керек болгон. Эгер билбесе аны тексиз, уруксуз деп эсептешкен. Ушул соболдун жардамы аркылуу кыргыздын түпкү теги качан жазылганы, кайсы аймакта өмүр кечиргенин билишкен. Ушул туюнтмага бир мисал келтире кетейин: Тагай бий агасы Адигинеге таарынып, Түштүктөн Түндүккө келет. Аркалыктарды калмактар басып алган. Мында жашагандардын бардыгы бирибирине коёндой окшош, карасы да, сарысы да, карасуру да, момун-жоошу да бар. Сурамжылап келсе башка улут. Өзүнүн тууган, боордошторун айрып билүү кыйынга турду. Ошондо Тагай бийдин ата-бабасынын салты эсине түшүп, кудуңдап сүйүндү. Жолуккан эле азаматтан жериң кайда, атаң ким, алардын атыжөнүн айтып берчи? - деген суроолорду берди. Кыргыз азаматтар токтолбой санап бергендерди өзүнө жигиттике тартып, кол курап баскынчыларды алтын жеринен кууп, ээлеп алган душманын жеринен сүрүп чыкты.

    Санжыранын өзөгү-эл. Ал ынтымакка, биримдикке чакырат дедик. Тээ алмустактан бери айтылып, эл оозунда жашаган санжыра өткөн кылымдагы Совет доорунда көрөгөч азаматтар санжыраны жазууга кам көрүштү. Бирок коммунисттик партиянын идеяларына сугарылган калайык-калк уруунун улуттук бөтөнчөлүктөрүн айта алышпаган. Айтканга «улутчул» деген жарлык тагылып жазаланган. Бул жагдай улуттар ортосундагы ажырымдын шыпаасы, интернационалистикке шек келтирип, бөлүп жаруунун куралы, - деп терең күнөөлөнгөн. Ошентип, ашынган шовинисттикке, маңкурттукка алып келген. Улуу муундардын өкүлдөрү эч нерседен жалтанбай санжыраларын колунан келишинче тарых катары жазып, кол жазмаларын мураска калтырышкан. Элибиз эгемендикти жеңип алганы санжыра айтуучулар аркылуу элдин рухий байлыгы кыйла өстү. Чынында колубуз куру эмес. Айтор, кыргыздар жөнүндөгү санжыра XIX кылымда кеңири топтолгон, эң мыкты санжыралар элдин калың катмарына жетип жатышы кубанаарлык.

    Санжыраларды тереңдетип таанышкан көптөгөн орошон окуяга туш келебиз. Кыргыз элинин келип чыгышы, басып өткөн доору эң сонун далилдүү чечмеленип, элдин каармандыгы, эрдиктер так жана элестүү берилген. Кыргыз элинин уруктары, таралышы так жазылган. Мындай далилдүү айтымдарды, чечмелөөлөрдү С.Закировдун “Кыргыз санжырасы” 1998-жыл, Эсенкул Төрөкан уулунун кыргыздын кыскача санжырасы – 1995-жыл, Бактыбек Максүтовдун “Бабалардын баяны” – 2005-жыл, Анвар Байтуровдун “Кыргыз лекциялары” – 1992-жыл, Орозбек Айтымбеттин “Кара кыргыз” – 2007-жыл ж.б. китептеринен окусак болот. Тилекке каршы, XIX – кылымга чейинки санжыралардын көпчүлүгү жазылбай, сакталбай калган. Ата бабалардын санжыраларынын негизинде жазылган таланттуу жазуучу Качкынбай Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышы” китеби көптөгөн санжырадан ашса ашат, бирок кем эмес десек болот. Көптөгөн санжыралардын түпкү өзөгү адамзат тегинин бир экенин далилдеп бергендиги чындыкка шайкеш. Бир атанын балдары экендигин далилдеп Адам атадан, Обо энеден тарагандыгыбызды айгинелейт. Андан бери келсе, Түрк атанын насили болобуз деп сыймыктанабыз. Мындайынан алсак, чыныгы элибиздин тарыхы жөндөн-жөн эле айтылбайт. “Атасын тааныбаган, энесин билбеген – бул маңкурт” деген макалдын калети жок. Буларды терең изилдесең санжыра бөлүп-жаруу эмес, алардын түпкү жаралышын билүү менен боордош улут экенин түшүнүп, бири-бирин сүйүшүп, урматтоого өбөлгө түзөт.

    Тарыхыбызды мурда санжырада айтылгандай өзүңдү кайсы уруудан экениңди тааныйсың. Кыргыз эли байыркы эл экенине ынанып, кайсы жерлерде жашаганын билесиң, бул маалыматтар кыргыз санжырасында кеңири чагылдырылган. Кыргыз эл жазуучусу Орозобек Айтымбеттин “Кара кыргыз” китебинде кыргыз тарыхынын 8 миң жылдык таржымалын терең изилдеп жазып, санжыранын түпкү маңызын терең чечмелеген. Кыргыз элинин келип чыгышы жана улут катары калыптануусу изилденип, басып өткөн жолдору абдан негиздүү берилген. Ал бүт далилин Манастын жаралышы жана элин башкарышы туурасында омоктуу ойлор камтылып, орошон эмгек жумшаган.

    Биздин санжырачылар урууларды Долон бийден бери таратып, оң-солго бөлүп, кечээ эле пайда болгону айтылса, “Кара кыргызда” оң менен сол байыркы заманда пайда болгонун, кыргыздын эзелки душманы кытай экенин тастыктайт. Душманды жок кылууда Ак уулду – отуз (оң ) уул, Куу уулду – сол деген атка конуптур. Мындай айтылыш менен душманды жергебизден кууп чыгышып, өз журтчулугун сакташкан. “Отуз уулга – катаган, саяк, эштек, алач, багыш, бугу, эңке, кенгер, досбут, эсбет, айгым, шанкай кирген. Ал эми отуз уулдун эң акыркы курамы береги уруулардан турат – катаган, саяк, азык, жору, бөрү, баргы, карабагыш, сарттар, муңкуш, жедигер, бугу, сарбагыш, солто, багыш, суу мурун, келдике, баарым, черик, моңолдор, коңурат ж.б (Орозбек Айтымбет, “Кара кыргыз”. 1-том, 95-бет.)

    Өткөн жоокерчилик замандарда бабаларыбыз көчмөн өмүр сүрүп, кырк уруу эл болгон “Менин бардык изилдөөлөрүмө караганда, - деп жазат, Орозбек Айтымбет – биздин бабаларыбыздын өз хандыгынын түптөлгөнүнө эле бери болгондо 15-16 миң жыл өттү”. Ал эми алардын батыш менен чыгышты көктөн кирип, зор империя курган кези мындан 8 миң жыл мурдагы аралык. Батышы Чон Танадан (Дунайдан) башталып, чыгышы Сары деңизден бүт ошол империянын каруу-күчкө толо баштаган кези мындан 5000-4000 жыл мурдагы кезең. Андан кийинки мезгилдер Оң кары империясынын өрлөө доору. Аларды Евразиядагы элдердин көпчүлүгү жоокер эл катары тааныган, айрымдары чабылган учур”. (“Кара кыргыз”, 1-том, 31-бет.)

    Биз элибиздин басып өткөн жолун терең изилдесек, жоокер эл катары көп элдерди өздөрүнө караткан. Бирок Оң кары империясы жоюлганы менен атак-даңкы сакталды. Ал ишсиз жана мураскорсуз калбады. Анын укум-тукумунан гунн тобу түзүлүп, анын жол башчысы Аттила болгон. “Аттиланын тушунда гунн союзу өтө күч алып турган. Чыгыш Рим империясына нечен жолу талоончул жортуулдарды (443, 447-48) жасап, Рим империясы ага жыл сайын зор өлчөмдөгү салык төлөп турган. Галлияны басып алууга да аттанып, Каталаун талаасындагы салгылашууларда жеңилип калган. (451), 452 – жылдагы жортуулда Римге жакындап кирип барган, бирок, салык алып кайра кайткан. Аттилла өлгөндөн кийин (453), гунн союзу тараган. Анын образы кийин легендага айланып кеткен”. (“Кыргыз Советтик Энциклопедиясы”, 1-том, 346-бет).

    Кыргыз санжырасында легендага айлангандар кыйла. Бир топ арадан үзүндүлөр болгондугун бардыгы биле бербейт. Санжырачылардын айтымына караганда кыргыздын Домбул бийине чейинкилерди кучагына алат. Ортодогу үзгүлтүк болгон мезгил болжол менен эсептелет. Биз бабабыз Тагай бийдин жашаган мезгилин аныктаганда санжырага байланыштуу чоң суроо туулат. Эгерде кыргыздын оң жана сол урууларынын бардыгы Тагай курактуулардан тарагандыгы айгине болсо, анда азыркы кыргыздар 16-кылымдан бери гана жашап келишкендей эл болгондойбуз. Демек, бардык уруулар Тагайдын балдарындай болуп калгандайбыз. Экинчиден, Тагайдын балдары деп эсептесек, чындыгында атасынан алда канча улуу болот экенбиз. Буга мисалды саяк, бугу уруулардын жаралыш мезгилин таразалап көрсөк айкын болот.

    Баарына белгилүү, өз кезегинде көрүнүктүү академик В.В. Бартольд кыргыздар үчүн эң чоң эмгек жасады. Дүйнө элдеринин ичинен кыргыз эли эң байыркылардан экендигин далилдеди. Байыркы элдердин ана башында жүргөндөй маанай тартуулады. Бул талашсыз чындык. Демек, ушундай аныктамага таянсак, кыргыздын этносу экиге бөлүнөт десек болот. Байыркы кыргыздар жана азыркы кыргыздар болуп. Ооба, байыркы кыргыздар эзелки кылымдарда өзүнчө мамлекет-кырк уруудан турган. Ага Борбордук Азияны мекендегендер. Алардын өзүнүн аймагы, тили жана жазуусу болгон. Байыркы кыргыздар согушта, күрөштө кырылып, чачырап, башка этносторго (урууларга) кирип кетишкен. XII-XIII- кылымдарда басып алуучулардан кутулуп, кайрадан этнос пайда болгон. Алар мурдагы байыркы кыргыз урууларынын өкүлдүгү болушкан. Алар Теңир Тоодон Алтайга чейинки аймактарда ошондогу урууларга аралашып көчүп-конуп жүрүшкөн. Ошол байыркы кыргыздардан саруу, мундуз, кушчу, аргын, бугу, азык, черик, дөөлөс, дуулат, багыш, катаган жана башкалар кирген. Булар чоң этнос болуп аталат. Ошентип кырылып чачыраган кыргыздардын XV кылымда Орто Азияда 17 кыргыз уруусу болгон, алар негиз салуучулар деп эсептелген. Өнүп-өсүп этностукту бекем сактап келишет. “Этнос” деген, грекче - уруу, эл дегенди билдирет (түшүнүктүү болсун үчүн бердик). Санжыранын азыркы мезгилиндегиси өтө маанилүү маалыматтарды кеңири камтыйт. Бул калкка кеңири тарап, атадан балага милдеттүү түрүндө өткөн жана кыргыздарга өтө ишенимдүү, өтө жакын сезилген.

    Чындыгында санжыра кыргыз элинин оор тагдырын элестүү жана маңыздуу чагылдырганына тарых күбө. Кыргыз өзү жаралганы бир нече ирет жок болуп кетүү коркунучун башынан кечирген, элибиз жоокерчилик заманда көптөгөн жортуулдарды өткөргөн. Кыргыз эли бир да басып алуучуларга узак убакка баш ийип турбаган. Бекеринен «түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз» деп айтылбаган. Ошондуктан жер үчүн, мекен үчүн болгон согушта жеңилүүнүн ызасын тартканы менен кайрадан «кыпындан жалын тутанат» болуп жалындап чыга келишкен. Жеңилиштеги ызаларга ченебегендей чыдамкайлыкты көрсөтүшкөн. Алар адегенде түздөн тоо беттеп, андан кийик мекендеген зоолорго таянышкан. Мындан жолу болбосо, коңшулардын жерине баш маанектешкен. Айрымдары мал мүлкүнөн, эр жүрөк уулдарынан ажыраган, жазуусун, чиймесин жоготкон. Байлыкты душман талаган, сулуу келин-кыздарын олжологон. Тирүү калгандар, туткунга түшкөндөр, жаш өспүрүмдөр ата-бабаларынын ким экендигин унутушпай, укумдан-тукумга өткөрүшүп, акыры жогоруда биз белгилегендей жалындап чыга келишкен. Ооба, мурдатан журтчулук менен бекемделген адатка айландырылган. Ошондуктан, ата-бабанын каада-салты, үрп-адаты ыйык деп айтылат эмеспи.

    Санжыранын тарбиялык мааниси өтө чоң. Анын кандай эркин айтылгандай эркин өмүр кечирип, чаржайыт жашабай эриш-аркак бололу. Санжыра кыргыздын кылымдарды карыткан улуу тарыхы. Муундан-муунга из калтырган көөнөрбөс мурасы.

    Өз кезегинде эл жер үчүн өтөгөн эмгеги баатырдыктары, эрдиктери, элдин тукумундагы кысымчылыкка, зордук-зомбулукка каршы күрөшүүгө ашкере айлакерлик, жоктон бар кылган амалкөйлүк касиеттери - таланты, ак ниеттүүлүгү, адилдиги, нукура адамкерчилиги, кара кылды как жарган калыстыгы жана башка асыл сапаттарды баяндайт. Булар бардыгына үлгү жана өрнөк, жез таңдай санжырачылардын зор милдеттерин мыкты аткаргандары нукура көөнөрбөс тарых жарчылары десек болот.

    Биз санжыранын түпкү жаралышынан, кыргыз урууларга бөлүнүшүнөн бери тааныштык. Бу сапар өзүбүздүн түпкү тегибизди назарыңызга койсок дедик. Негизи Орозбактыдан баштасак. Тынымсейит уруусунун баянын кенен жазууга аракет кылабыз.

    Тыянактап айтсак, азыркы санжырабыз мааниси жана маңызы окурмандарды кызыктырбай койбойт деп үмүттөнөбүз. Окурмандардан алдын-ала өтүнөбүз: айрым мүчүлүштүктөр болсо кечирип, оңдоого мүмкүн болгондорун тууралап, санжыранын талабына шайкеш келтирсеңиздер. Толуктоого туура келсе өзүңөрдүн пикириңиздерди билдирсеңиздер. Ооба, санжыраны баалоочулар, калыстай тургандар - эл. Алар эмне дээр экен?

    БУГУ БАЙЫРКЫ ЖАНА АЗЫРКЫ ТАРЫХТА                       (Мазмунга)

    Элибиздин байыркы тарыхын аңтарып, улуттун, уруктун кайдан чыкканына кызыксак көптөгөн маалыматтар кездешет. Деги эле, дүйнө элдеринин бардыгынын түпкү тегин, жаралыш тарыхын иликтөө өтө татаал маселелерден болот. Ошол сыяктуу эле “бугу” уруусунун байыркы башатын аныктоо дагы, кыйынчылыктарды жаратып, көптөгөн ой-пикирлерди пайда кылат. Бугулар байыркы кыргыздардын чоң уруусу болгон. Ал жөнүндө көптөгөн тарыхый жазмалардан окуса болот.

    Кыргыз санжырасында бугу уруусу болжолу 16-кылымдан баш чендеринде жашаган Тагай бийдин урпактарынан түзүлгөндүгү баяндалган менен, чындыгында анын кыргыздын байыркы урууларынын бири болгондугун көптөгөн окумуштуулар белгилешет. Мисалга алсак, кыргыздардын уруулук курамын изилдешкен Н.А.Аристов, В.В. Радлов, Г.Е. Грумм-Гржимайло сыяктуу бир катар белгилүү окумуштуулар байыркы кытай кол жазмаларындагы 2-7-кылымдардын аралыктарында жашаган теле урууларынын бири “пугу” уруктук түзүлүшү менен кыргыздардын бугу урууусунун түпкү тегин байланыштырышат. Ал эми кыргыз элинин этностук тарыхын, этногенезин, уруулук курамын тыкыр изилдеген кыргыз этнографы С.М. Абрамзон кыргыз урууларын жаралыш тарыхына карата бир канча катмарларга бөлгөн. Алардын арасынан бугу уруусун төөлөс, мундуз, кыпчак, азык, багыш, сары багыш, чоң багыш, кара багыш, жедигер ж.б. уруулар менен кошо эң байыркы биринчи катмардагы уруу катары көрсөтүп, жаралыш тегин 6-11 кылымдардын аралыктарында пайда болгондуктарын белгилеген (Абрамзон С.М., “Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи”.- Фрунзе, 1990. - 50-бет.).

    Илимде «Бугу» деген уруунун аты дагы анын байыркылыгын далилдеген фактылардын бири катары колдонулат. Айрым изилдөөлөрдө «Бугу» аталышы байыркы адамдардын тотемдик түшүнүктөрүнөн жаралган деген көз караштар жолугат. Алгачкы жамааттык мезгилдеги адамдардын түшүнүгүндө адамдар кандайдыр бир жаныбарларды ыйык тутушуп, аларды өзүлөрүнүн ата теги катары (тотем) эсептешкен. Кыргыздардын бугу, багыш сыяктуу жаныбаларды уруу аталыштары катары кеңири колдонушу, алар көп мекендеген, Түштүк Сибирь аймагында орто кылымдардагы енисейлик кыргыздардан бери келе жаткан салттардан чыгыш мүмкүнчүлгү божомолдонулат. (Жолдошов Р. Бугу.- Кыргызстан улуттук энциклопедия. – Б., 2007. – т. 2. – 356-бет). Ошол эле Р. Жолдошовдун пикиринде, санжырада баяндалган “Бугу эне” жөнүндөгү уламыш, дал ошол байыркы замандардан (6-11-к.) бери бугу уруусу бугу жаныбарынан тараган деген баян, 17-кылымдын 1-жарымында жашаган бугу уруусунун санжырасындагы Алсейиттин байбичеси Бугу байбиче жөнүндөгү аңыз сөздөр менен аралашкандан пайда болушу мүмкүн. Себеби 17-кылымда жашаган Бугу байбиче өз заманында өтө атактуу адамдардан болуп, ал жөнүндөгү баяндарга, мурунку бугу тууралуу уламыштар кошулуп, “бугу” деген жалпы окшош сөздөрдөн, кийинки урпактардын санжырасында “Бугу эне” уламышы жаралса керек. Бул сыяктуу, мурунку замандагы уламыштар кийинки мезгилдеги окуяларга аралашып, жаңы бир уламышка айланышы илимде трансформация деген термин менен аталат. Кыргыз оозеки чыгармачылыгында мындай көрүнүштөр өтө арбын кездешет. Алсак, “Манас” эпосунда кыргыздардын башкы душмандары 10-12к. жашаган кара кытайлар 17-18-кылымдардагы калмактар менен аралашып, чогуу эле кыргыздар менен согуша берет. (Жолдошов Р. Генеалогиялык уламыштардын кыргыз тарыхындагы этномаданий проблемаларын чечүүдөгү мааниси) (Суверенный Кыргызстан: проблемы традиций и социальной целостности. - Б.,1999-ж., 56-57-беттер).

    Мына ошентип, бугу байыркы кыргыздардын бир уруусу. Азыркы бугулар менен байыркы уруулардын байланышы, санжырада үзүлүп калгандай көрүнөт.

    Санжыра менен тарыхтын ортосундагы айырмалар жөнүндө Муратбек Кошоев өзүнүн “Кыргыз эли” китебинде төмөнкүдөй жазат: “Мына ошол соңку мезгилге тиешелүү тарыхый тилке менен уруулардын аттары ортосунда көп муун, демек узак мезгил аттап өтүлгөн, алынып ташталган (1-3 легендалык атадан башкасы). Башкача айтканда, кыргыз санжырасы XV кылымдын аягы, XVI кылымдын башында жаңыртып түзүлүп, уруу топторунун баштоочтору катары ошол кездеги өтө таанымал инсандар коюлуп, уруулар болсо мурдатан келаткан өз аттары менен калтырылып, бирок элдин 16-кылымга чейинки узак мезгилдин өмүрү унуткарылып коюлган (алынып ташталган)”. (М. Кошоев, “Кыргыз эли”, – 2006-жыл, 326-бет).

    Жогорудагы тарыхый маалыматтар дагы бир жолу бугу уруусунун кыргыздын байыркы урууларынын бири экенин далилдейт, атап айтканда биздин замандын VI - XI кылымдарында эле белгилүү болгондугун айгинелейт. Алар көптөгөн кылымдарда Енисей, Алтай, Ала-Тоо аймактарында көчүп жүргөн, аягында Ала-Тоодо, тактап айтканда Ысык-Көл өрөөнүндө туруктуу отурукташып калган.

    Бугу уруусу жөнүндө жогоруда айтылган тарыхый материалдардан өтүп бөлөк тарыхтарга кайрылсак, Кыргыз эл жазуучусу О. Айтымбеттин, жазуучу, тарыхчы, этнограф жана санжырачы Сабыр Аттокуровдун, кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтурдун эмгектеринен кошумчалап койсок ашыкча болбостур.

    Ошолордун бири Орозобек Айтымбеттин “Кара кыргыз” китебинде мындай деп жазылат. “Андыктан те Улуу Кан Кошой менен Теңир Манастын заманында (б.з.ч VI - Iк) Отуз уулга – катаган, саяк, эштек, алач, багыш, бугу, энке, кеңгер, досбут, эсбет, айгыш, шан, кой кирген. Ал эми Отуз уулдун эң акыркы курамы береги уруулардан турат – катаган, саяк, азык, жору, бөрү, баргы, карабагыш, сарттар, мункуш, жедигер, бугу, сарыбагыш, солто, багыш, суу мурун, келдике, баарын, черик, моңолдор, коңурат ж.б.” (О. Айтымбет, “Кара кыргыз”, 2007-ж., 94-бет). Айта кетчү нерсе О. Айтымбет бул тарыхый маалыматтарды Н.Я. Бичурин (Иакениф) “Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена” жана башка китептеринен, эмгектеринен алып жазган. Учурунда Н.Я. Бичурин (улуту чуваш) 1750-жылдары Пекинде 15 жыл жашап, кытай тарыхын изилдеген.

    Тарыхчы, этнограф, илимпоз, Сабыр Аттокуровдун “Кыргыз санжырасы” китебинде мындай деп жазат: “Бугулар бул жерде жашаган сактар жана түрк уруулар менен канатташ жашашкан. Көп сандаган согуштарда алар азайып, саясат аренасына чыкпай калган. Ал эми бугулардын келип чыгышы жөнүндөгү жомок кийин, Сарбагыш уруусунун манаптары тарабынан ойлонуп чыгарылган болсо керек. Анын негизинде бул уруунун адепки ысмы пиринин (тотеминин) атынан “Бугу” деп коюлгандыгын жоромолдоого болот. Мына ошентип бугу байыркы кыргыздардын бир уруусу. Азыркы бугулар анын бир уруусунун же бир атанын балдарынын насилдери, санжырада ошол экөөнүн ортосундагы байланыш үзүлүп калган. Ушул себептүү алар сарбагышка жасалма түрдө кошулуп калгандай көрүнөт. Анткени ал болумуш адам менен айбандардын байланышы жөнүндөгү илгерки легенда менен тыгыз байланышкандыгы жөнүндө илимий негиз жок. Ал эми чындык дегендерге Карамырза менен Мырзагулдун качан жашаганын, жыл саноонун этнографиялык мыйзамы менен эсептесек, ал кечээ жакында эле болгон. Ал уруунун (бугу уруунун) жашына такыр эле караандабайт”. (С. Аттокуров, “Кыргыз санжырасы”, 1995-жыл 112-бет).

    Тарыхчы С. Аттокуров өзүнүн жогоруда айтылган китебинде: “Бугулардын тарыхый өмүрү (экинчи), алардын Ферганадан Ысык-Көлгө келгенинен башталган. Бул алардын Ысык-Көлдөн аякка качан качкандыгы жөнүндө так дарек жок, бирок XVII кылымдын аягында, XVIII кылымдын биринчи жарымында болгондугу белгилүү. Семенов Тянь-Шянскийге бугунун манабы Боромбай Бекмуратов биздин көлгө келгенибизге 71 жыл болду дегенине караганда ал 1774 – жыл болгон”. (С. Аттокуров, “Кыргыз санжырасы” 1995-ж., 113-бет).

    Кытайлык кыргыз тарыхчысы, окумуштуу Анвар Байтурдун (1938-1991) “Кыргыз тарыхынын лекциялары” китебинде “Ханзуу (Кытай) тарыхый материалдарга караганда жаңы эранын V кылымдын аягы, VI кылымдын баштарында кыргыздардын жөн саны бир канча жүз миңге, каруу күчтөрү 80 миңге жеткен. Бул доордо кыргыз каганаты жогоруда айткандай бир кыйла системалуу үстөмдүк аппараттарын куруу менен бирге жана эң катуу мыйзам түзмөлөрүн бекиткен. Мындай бир кыйла системалуу мамлекеттик аппараттары жана катуу закон түзүмдөрүн тургузгандыгы, кыргыз каганатынын тез темп менен күчөшү жана коомдук өнүгүшүнө кепилдик кылган бул доордо кыргыз каганатын негизинен илгерки кыргыз уруу бирикмесин түзгөн багыш, бугу, адыгей, мундуз, саруу, кушчу, сагай, жети, бөрү, кызай, челей, көбөк, желдең өңдүү уруулар түзгөн (Анвар Байтур, “Кыргыз тарыхынын лекциялары”, 1992-ж., 74-бет) Ушул эле китепте орус окумуштуусу Радлов Сибирь элдерин изилдегенде алтайлыктардын ичинде бугу, адигей (адигине) уруусу сыяктуу уруулардын болгондугун тилге алат. (Анвар Байтур, “Кыргыз тарыхынын лекциялары”, 1992-ж., 57-бет).

    Ошол эле Анвар Байтурдун “Кыргыз тарыхынын лекциялары 2-китебинде” Чагатайдын доорунда, тагыраак айтканда XIV кылымдын алгачкы жылдарынан баштап Жаркен хандыгы оодарылган XVII кылымдын 80-жылдарына чейин бугу уруусунун Ак-Суу, Турпан, Ак-Чий тарапта, Ысык-Көлдүн жээктеринде жашагандыгы айтылат. (Анвар Байтур, “Кыргыз тарыхынын лекциялары”, 1992-ж., 2-китеп 72-бет).

    Ал эми кыргыздар миңдеген жылдары Тянь-Шань (Теңир Тоо) менен Алтай, Энесайдын ортосунда кылымдап көчүп жүрүп “көчмөндөр” атка ээ болгонун, анын ичинде Бугу уруусу болгонун, азыркы убакта да Алтайлыктардын ичинде бугу уруусу бар экени көптөгөн тарыхый материалдарда айтылат.

    Орозобек Айтымбет өзүнүн “Кара кыргыздар” китебинде –“Кара кыргыздардын эзелтеден берки мекени Ала-Тоо болгонун белгилүү синолог Н.Я. Бичурин, казак окумуштуусу Ч. Валиханов менен А. Маргулан да айтып өткөн”, Чокон: “Кыргыздар Енисейден Тянь-Шанга көчүп келген эмес, алар Тяньшандан Енисейге чейин көчүп жүргөн. Бул көчүү салты XVII-VIII кылымдарда Тяньшань менен Алтайдын ортосунда кубаттуу Жунгар (калмак) мамлекети пайда болгондо гана токтогон...” деп жазган. Бул көчүп жүрүү салты Чынгызхандын чалгынчылык заманынан тартып эле үзгүлтүккө учураган да, XV кылымда кайра башталып, XVII кылымдын баш чегине чейин созулган. (О. Айтымбет, “Кара кыргыздар”, 105-бет).

    “Көчүп келүү” боюнча айрым окумуштуулар да өз пикирин айткан. Ырас, ошондой көчүүлөр болгон, бирок бүтүндөй эл көчүп келип Ала-Тоолук кыргыздарды пайда кылган эмес, кыргыз элинин уюткусу Ала-Тоодо башынан эле болгон, тээ Геродот заманынан алда-канча мурда эле ошол жерде малын багып, мекенин коргоп келген. Тек гана, ар кайсы кылымдарда ар кандай согуштардын жана чабыштардын натыйжасында Борбордук Азия (Байкал, Енисей, Алтай - автор) тараптагы жалпы кыргызга тиешелүү айрым бир уруу-уруктар көчүп келип, Ала-Тоодогу элге кошулуп турган. Ошондой эле, өз кезегинде, ич ара чыр-чатактардын жана чабыштардын кесепетинен Ала-Тоодогу айрым бир уруу- уруктар Борбордук Азияга сүрүлгөн да, ошол жакта узак жылдарга дейре көчүп жүргөн учурлар болгон. Буга түрк каганатынын заманында Алтай өңүрүндө Көкшөндин (Танну-Ола) түштүк жакаларында, Борбордук Азиянын (Ала-Тоо менен Енисейдин ортосунда - автор) талааларында көчүп жүргөн бугу, катаган, бөрү, басыз, дөөлөс, азык, черик, баргы, найман, дуулат, кесек, жедигер ж.б. өңдүү уруулар күбө боло алат. Тактап айтсак бугу Селенги менен Өркөн жазыгында, баргы Кара өзөндүн (Керулендин) түндүк тарабында Кантай менен Хинган (Кыдыркан) тоолорунун арасында, катагандан эки урук Тибет жакта көчүп жүргөн. (О. Айтымбет – Кара кыргыздар – 2007ж, 105, 107 - беттер).

    Азыркы бугу уруусунун экинчи жолу жаралышы кайсы жылдар, кылымдар болгонун так айтсак болот. Алсак, орто эсеп менен ар бир муундун ортосу 25-30 жыл десек, анда, бугу уруусунан чыккан Белек хан болжолу 1699-1700-жылдары туулган. Атасы Жамангул 1670-75-ж., чоң атасы Алсейит 1640-45-ж., бабасы Мырзагул 1610-15-ж., ал эми бугу уруусунун тараган башы деп айтылган бубасы же Белектин төртүнчү муундагы атасы, Орозбакты 1580-85-жылдардын тегерегинде туулган болушат. Демек, башкача айтканда бугулар кыргыздын байыркы чоң урууларынын бири, ал эми бугулардын кийинки генеологиялык таблицасы Орозбактыдан башталып, санжыра боюнча XVI кылымдын аягына, т.а.1580-жылдарга туш келет. Ал эми андан мурунку, бери дегенде 4-5 кылымдык бугунун тарыхы, санжырасы бизде сакталган эмес.

    БУГУ УРУУСУ ЖӨНҮНДӨ САНЖЫРА, УЛАМЫШТАР                       (Мазмунга)

    Жогоруда айтылган тарыхый материалдардан тышкары бугу уруусу жөнүндө көптөгөн санжыра, уламыштар эл арасында айтылат. Ушундан улам мен бугу уруусунун чыгышы туурасындагы уламыштын биринчи вариантын кыргыз элинин залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун эмгектеринен толук бергим келди. Ал өзүнүн “Ак-кеме” повестинде бул уламышты баяндаган.

    Ал окуя повесттин 45-бетинде мындайча сүрөттөлөт: Бул окуя Энесайда болгон. “Атам заманда, жер бетинде чөптөн токой көп, кургак жерден суу көп турган кезде улуу уруу кыргыз журту, Энесай деген өзөндү жайлап турат”. Ошентип, улуу залкар жазуучунун (Чынгыздын) окуяларына кезек берсек. Кыргыз эли ошол жерди мекендеп, жердеп турушканда чоң кыргын болуп, кыргыздын жоокер башчысы, эл атасы курман болот. Аны кыргыздар өз салттары менен көмүшөт. Душмандар бул учурда токойдо быгып жата беришип, капыстан кол салышат. Энесайдагы кырк уруу эл азапка туш келишет. Алаамат башталды. Жарак алып, каршы чыгууга, ат минип айкырып чыгууга үлгүрбөйт. Капыстан кирген жоо канды суудай агызып, өлүктөрдү додолонтуп үйүп, токойду өрттөп киришет. Душмандын ханы: «Кыргызды тукум курут кылгыла, бир да жан калбасын, кыргыз деген ат жер үстүндө болбосун!» деп жарлык кылат. Ошол кезде токойдо ойноо бала менен секелек кыз эч капарсыз жүрүшкөн. Эртелеп чыгышкан. Балалык менен кандуу кыргынды билишкен жок. Көп өтпөй айыл тараптагы ызы-чууну уккандан кийин келишсе, кара жер канга толуп, ар кайсы жерде адамдардын өлүгү додо-додо. Экөө ары чуркады, бери чуркады, тирүү жан жок, ал тургай токойдогу от сапырылып, тулгалар чалкасынан жатат. Экөө тээ алыста кетип бараткандарга утурлай чуркашат. «Балалык» да, алардын жоо экенин билишпейт. Акыры жетип барышса, экөөнү хан көрүп, жаны чыгып, кыргызды тукум курут кылганыбыз ушулбу?

    - Чакыр, Майрык Чаар Жез кемпирди, деп ага катуу тапшырма берди.

    - Буларды Тайга токойго алып барып, жок кылгыла, кыргыздын аты чыккыс болсун! Ушул тапшырманы орундатуу үчүн Майрык Чаар кемпир экөөнү алып, Энесайга келип, жардын башынан ыргытып жок кылууну көздөп турганда:

    - Ашыкпа, акылман эне, күнөөсүз балдарды жайлаба!.

    Майрык Чаар Жез кемпир кылчая карап калды, кылчайып алып айран таң: жанында Бугу Эне турат эки көзү балбылдап. Балбылдаган көздөрү муңайып тиктейт, өтүнүчтүү тиктейт. Маралдын умай энеси, асыл бугу манкаят, омуроо төшү наристенин маңдайындай, жону ууз ак, боору тайлак жүндөлүп көк буурул. Он сегиз айры мүйүзү аркайып, жонун жышып койгондой жымсал сулуу көркөм. Желини таза, кан тамырлары көрүнүп, ийип турат эки балага, мээримин салып.

    - Сен кимсиң? Адамча сүйлөп, кубулган кандай жансың? - деди Майрык Чаар Жез кемпир.

    - Мен Бугу Эне болом. Адамча сүйлөбөсөм сен кандай түшүнмөксүң да, кандай собол укмаксын?

    - Каалаганың эмне Бугу Эне?

    - Балдарды коё бер, акылман эне. Сенден сураганым, ушул эки чүрпөнү мага бер.

    - Буларды эмне кыласың, балдарды эмизип багып алам дейсиңби?

    - Ошентем, акылман чоң эне.

    - Жакшылап ойлондуңбу Бугу эне?- деп күлдү Майрык Чаар Жез кемпир. – Булар деген адам баласы, чоңоюп алып өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлондуңбу?

    - Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт, -деди маралдын умай энеси.

    - Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын? (Ч. Айтматов, «Кыргызстан», 1982-ж. 2-том, 50-бет).

    Ошентип, Бугу Эне балдарды өзүнө алып, эмизип, Энесайдан көз көрбөгөн ыраак жакка алып жөнөдү. Нечен күн, нечен түн жүрүп отуруп, акыры Бугу Эне балдарын Ысык-Көлгө жеткирди. Туу чокудан балдар айланага көз чаптырып, таң калышты. Айланасы асман мелжиген ак карлуу тоолордун ортосунда толкундуу көл жатат. Аркайган Ала-Тоо чокусу асманга кериле койнун кенен ачат. Арасы, көркөмү тири укмуш токойлор шуудурайт. Мына ушул жер соорусу толгон тоолорду экөө мекендеп, ээлеп калды. Бугу Эне экөөнү тоого асырап өстүрдү. Алар жер тилип, эгин эгип, мал багып, бейкут жашап, уучу узарып, укум-тукуму өстү.

    Мүйүздүү эненин таржымалы

    Кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч. Айтматов кыргыздын акыркы уул бала менен кыз баласын сактап калган Бугу эне жөнүндө жазып, ал Бугуну Эне деп атап, ошондон улам Мүйүздүү Эне деген атка конгондугун баяндаган. Эми кезекти санжырачыларга берип, Мүйүздүү Эненин баянын алардын сүрөттөгөнү менен сыпаттасак көздөгөнүбүздү чечмелеген болор элек.

    Айтылуу Кылжыр атанын Орозбактысынын беш уулунун бирөө Мырзакул мырзадан, Алсейит менен Тынымсейит төрөлгөн. Алсейит үч аял алган. Биринчи аялы Токтобек Саруу уруусунун бийи Конкайтынын кызы. Бий Токтобекти эрке өстүрүп, ит жандуу чоңойткон. Бул «Кыргыз санжырасында» кенири баяндалат. Конкайты кызын өз колу менен узатат. Той-тойлотуп, кыз-кыңшылатып, күйөө-күйөөлөтүп, акындарды ырдатып, калыңын каада-салт боюнча жасатат. Атасынын төрүндө жүргөндө эле ит менен моюндаш өскөн кылыгын Алсейитке келгени токтоткон жок. Эрке-талтаң өскөнүн, оюна келгенин өөрчүтүп, «итти жүзгө жеткирем» деп, төрөгөн баласын да, койнундагы эрин да карабады. Адам кылбаган жорукту жасады. Иттин күчүктөрүн койнуна алып жатып, арча бешикке бөлөгөндөй жосун болду. Алсейит чүнчүдү, түңүлдү.

    Так ушундай мезгилде Асанмырза менен Карамырза аңчылыкка чыгып калышты. Экөө тырнактай чагында мергенчиликке ык коюп, өтө ынтызарлык менен үйрөнүшкөн. Бул жолу Нарындын Ала-Мышык тоосун аралап, аңчылыктын кумарына батышкан.

    Окуя мындайча болот. Ала-Мышык тоосу бир кездерде «Аалам Шайыктын тоосу» деп аталчу. Көрсө мында кайберендер өскөн жер экен. Ал ыйык жана сырдуу, касиеттүү жер тура. Анда кайберендер адамча сүйлөп, олуялыгын көрсөтчү экен. Ошол кезде кайберендин тилин, дилин билген, олуя адам так ушу «Аалам Шайык тоосуна» келип, кайберендин эсебин алып жүрүп жан таслим болот. Анын бир кыз, бир уулу ошол жерге кошо келип, атасы өлгөндөн кийин эч жакка кете алышпай кыштап калышат. Алар үңкүрдө жашашат. Кийгендери бугунун терисинен жасалган кийимдер. Кайберендерге аралашып, бугунун эмчегин эмип өмүр кечиришет...

    Асан мырза менен Кара мырза тоону аралап келе жатышканда тоо боорундагы үңкүрдөн сызылып түтүн чыгып жатканын көрүшүп, утурлай келишкен. Алгач мергенчилер түнөгөн го деп болжошкон. «Эмнеси болсо да бара көрөрбүз, мергенчилер болсо чоо-жайын билербиз» дешкен. Бирок андай болбоду, жакындап келишкенде таптакыр башка көрүнүшкө туш келишти. Үңкүрдөн кирип чыккан маралды көрүштү. Таштын коңулунда көпкө аңдып карап отурушту. Маралдар кайра- кайра кирип чыга берди. Эки мергенчи:

    - Биз олжолуу болот экенбиз, экөөнү тең атып алалы, -дешти. Ошентип Карамырза мылтыгын үңкүргө багыттап атты. Ачуу үн тоону жаңыртып, үнкүрдөн чыга калган маралды атат. Марал жыгылганда экинчи марал аны кучактай ыйлап кирет. Экинчисин атаарда токтотуп жетип келишет. Жете келсе эки марал тең бугунун терисин кийген балдар болуп чыгышат. Боздоп ыйлаган кыз:

    - Кимиңер аттыңар? – дегенде Карамырза зорго өзүн көрсөтөт.

    Кыз көз жашын тыйбай, отура калып каргаган экен. Алаканын тескери жайып, каргыш батасын бириптир. Ошол тоонун аты ошол мезгилден бери Ала-Мышык деп кайрадан аталат. «Аалам Шайык» тоосу ошол кездеги эки маралдын жок болгонунан улам аты өчкөн окшобойбу. Анткени Шайык деген сөз кадырман карыя, уруу башчы, пир, касиеттүү Адам дегенди билдирет. Ал арабдын сөзү. Ал эми илгеркилердин айтымында Ала-Мышык деген ат мышыктардын тукуму - жолборс, илбирс, сүлөөсүн байырлаган жер, ала-була жаныбар жашаган, жалпысынан агала-чаарала мышыктар жүргөн тоо дешип Ала Мышыктын тоосу деп аташкан. Ошондон улам ыйык аты түбөлүккө сакталган. Эки мергенчи кызды алып келет айылга. Кимиси алышаарын билишпейт. Бардык бир туугандар кеңешип, Мырзакул мырзанын пикирине макул болушат:

    - Баарыңарга белгилүү, Алсейит бой калды. Улуу байбичеси ит менен алектенип, бардыгын унутту. Туура көрсөңөр Алсейитке ыйгаралы. Баарысы эп көрүшүп, Алсейитке нике кыйып, экинчи аялы болуп калат.

    Ошентип, эл арасына «Алсейит аялы туруп аялсыз калды, бойдок болуп» -деген сөздөрдүн маңызы өчтү. Үйлүү-жайлуу бий деген сөз тарады. Алсейиттин алган аялы олуя, касиеттүү жана башында кичинекей эки мүйүзү бар жан, ошондон улам мүйүздүү эне болду. Мүйүздүү Эне Алсейиттин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, жакасын агартты. Элге акыл-насааты өтүмдүү болду. Алсейиттин алдына үч талап койду, өтө суранды Мүйүздүү Эне: «Мен жуунганда үйдөн чыгып алыска кетиңиз да, кайрылып карабаңыз, бул биринчи өтүнүчүм. Экинчиси, биз эрди-катын болуп жашап жатабыз, үйдөн чыны-аяк деле кагышат. Эч чыр чыгарбаңыз, башыма тийбеңиз, сыйкырым качат. Үчүнчүсү, менин төркүн-төсүмө кызыкпаңыз, кимдин кызы, ким тууган уругум, кайдан келдим, ата-энемдин аты-жөнүн сурабаңыз, эч убакта сурап кызыкпаңыз?..» - деди.

    Күндөр өтө берди. Алсейитти ой басты:

    - Эмнеге ушундай өтүнүчтөрүн көп айтат? Эмне, кылганына кызыгып көрсөм болбойбу?- деген ой бийлеп алды. Бир жолу Мүйүздүү Эне жуунуга киришкенде Алсейит үйдөн чыгып баратып ойлогон оюн ишке ашырмакчы болуп калып, үйдөн анча узабай кайра тартты. Үйдүн туурдугунан тешик таап, шыкаалап койду. Аны билген Мүйүздүү Эне ичинен кейиди. Бийдин жосунсуз кылыгын жактырбай:

    - Бекер кылдыңыз, тукумуңуз кароо болуп калбадыбы!.. - деди. - Бий уялды. Мүйүздүү Энеге баш кошкону иши оңолуп, зоболосу көтөрүлүп, даражасы өскөн. Ошол кезде калмактар бийлеп турган чак болучу. Алык-салыкты өз убагында төлөп турууда үзгүлтүк болуп калган. Анткени, кыргыздар бир күнү мында, бир күнү башка жакта көчүп жүрүшүп ирети менен төлөнбөй калган. Калмактын Чок деген төрөсү Алсейитти 2-3 жылга ак үйлүүгө чакырат. Аргасыздан макулдук берет. Ошентип Мүйүздүү Эне эки баласы менен чогуу барат. Чок жакшы кабыл алат.

    - Алсейит бий, тиги өрүшкө үйүң менен орун ал. Унааларыңа тоют, жагы жетиштүү, - деп ыңгайлуу конушту көрсөтөт. Алсейиттер жайланышкандан кийин Чок атайын келип:

    - Бий бул кызымды сага тапшырдым, кыргызча тил үйрөнсүн. Байбичең боорукер көрүнөт, - деп таштап кетет. Кызын тыңчы катары алып келгенин Мүйүздүү Эне билип койду. Бирок кыз ар нерсеге шыктуу, адамкерчилиги бар экенин сезди. Аты Чежимжан. Мүйүздүү Эне бооруна тартып, кыргыздын үрп-адатын үйрөтө берди. Кандай иш тапшырса, кынтыксыз аткарат, таза, жакшы жасайт. Бир күнү Мүйүздүү Эне жуунуп, кирин адам баспаган жерге төгүп келүүгө жумшады. Мындай иш көп эле кайталанган. Дайым кирди төгүп келүүдө Чежимжан кечигип келчү болду. Акырын байкаса кыз кирди көтөрүп кетимиш болуп, коктудан бети-колун жууп, калганын боюна куят. Бул бекер кыз эмес, дили ак, адал тура. Мындан эң жакшы тукум чыгат деп баамдады. Бир жолу Чок төрө Алсейитти чакырып:

    - Алыс жакка барып келебиз, биз менен барыңыз» - деп калды. Муну Мүйүздүү Эне мурда эле сезген. Анткени, Мүйүздүү Энени жактырып, Алсейитти өлтүрүп, бүт үй-бүлөөсүн алууну чечкен. Алыска баруу жөнүндө Алсейит байбичесине айтканда ичинен күткөн учуру келген тура, - деп, бул калабалуу капсалаңдан куткаруунун жолун небак эле ойлоп, жолун таап койгон.

    - Узак жолго чыгасыңар, өзүңө сак бол да, мен айткандарды жасагын, болбосо сени өлтүрөт, - дейт.

    - Кандай кылышым керек?

    - Силер узак сапар тартып, чарчап чаалыгасыңар. Эс алып, өргүйсүңөр. Жолоочулар болуп үч күн, үч түн уктайсыңар. Сен сак уктап, ошол учурду текке кетирбей, ат жаңыртып минип кайтышың керек. Алар жөнөп кетишкенде Мүйүздүү Эне качуунун бардык камылгасын көрүп, аттарын жакын жерге аркандап коет да, күтүп жата берет. Алсейиттер өтө алыс жол жүрүшүп, эң алыс барышып, уйкуга киришет. Байбичесинин акылы менен Чок төрө катуу уйкуга киргенде дым чыгарбай тындым кылат да, аттардын баарын агытып, өзү эң катуу күлүктү минип качып келет. Кулак түрүп күтүп жаткан Мүйүздүү Эне күйөөсү келери менен эки баласын бат эле ойготуп, мурда даярдалган күлүктөргө минип жөнөй беришкенде:

    - Мен да силер менен кетем, - деп Чежимжан небак эле кийинип турганын билгизет.

    - Кой, болбойт, - дейт, Мүйүздүү Эне.

    - Силерден калбайм, менин атым да даяр, токулуу, - дейт. Алар аргасыз макул болушат. Мүйүздүү Эне мурда кыздын качаарын баамдаган. Каршылык кылбай, түн жамына жөнөп кетишет. Алар эл-жерине аман-эсен келишип, жашап калышат.

    Ошондой күндөрдүн биринде Мүйүздүү Эне мындай деген сунуш киргизет.

    - Алсейит, бүгүндөн калбай Чежимжанга үйлөнүшүң керек.

    - Жок, болбойт. Ал өз колубузда өсүп калды, кызыбыздай болуп, - дейт.

    - Андай дебе, Чежимжандан жакшы тукум төрөлөт. Бүгүндөн кечиксең өкүнүп калабыз, - деп Мүйүздүү Эне кыйнай баштайт.

    - Мен ойлонуп, аксакалдарга кеңешип көрөйүн, жок жерден кыйнабачы, - дейт.

    - Айткан сөздү угуңуз. Эртең аказанпактын Телкозу баатыры малын айдап келип, алып кетет. Ал сенин жан кыйышпас досуң эмеспи, - дейт Мүйүздүү Эне.

    - Аның чын, эгер анын келээрин билсең, болуптур, - дейт.

    Ошол күнү Чежимжанга нике кыйылат да Алсейиттин үчүнчү аялы болот. Андан Туумакашка төрөлөт.

    Айтса, Мүйүздүү Эне баамдагандай Телкозу эртеси тогуздап мал айдап келген экен. Алсейит өзү алганына ичинен өкүнүп кала берет. Алсейиттин эки уулу бой жетип, үй-жай күтүүгө чукулдап калат. Ошондо Мүйүздүү Эне Алсейитке:

    - Жамангулуңду өзүң үйлөнт. Мен Бапага келинчекти өзүм таап келем, каршы болбо, -деп суранат. Бий макул болот. Мүйүздүү Эне үйдөн чыкканын эч кимге байкатпай кетет. Ал Ала-Тоонун кайберендер жүрчү кокту-колоттун түрө кыдырып бир апта жүрөт. Акыры Олуят аттуу кызды ээрчитип келип, Бапага үйлөнтөт да андан тогуз уулдуу болот.

    Мүйүздүү Эне бүт сырын Олуятка айтып жүрөт. Ошол кезде Алсейит каза болуп, анын ордуна уулу Жамангул бий болот. Көп өтпөй Мүйүздүү Эне да каза болот. Аны чийдин ары жагына алып коюшат. Эртең коебуз деген күнү эненин сөөгү ордунда жок болуп чыгат. Көрсө, кайып болуп кеткен экен.

    Күндөрдүн биринде Жамангул катуу ооруп, төшөккө жатып калат. Ошондо иниси Бапа өзүнүн жети баласы менен ооруп жаткан Жамангулду тегеренип, кудайга жалынып, агасын сакайтып, өзүн балдары менен алышын тилейт. Олуят эки баласын жула качат. Кудай Бапанын тилегин кабыл кылып, жети баласын, өзүн ажал аймайт. Бапа өлгөндөн кийин Олуят Олуя Ата тарапка кетип, Казанпакка тийип, андан алты бала төрөптүр. Олуят ажалдан арачылап калган Бапанын эки баласы Жети-Өгүздүн Барскоон айылында турушат. Алар Бапа деп аталып калган.

    Жамангулдан Итбок, Боке,Төрөкочкор, Кыдык, Белек. Балдардын улуусу Төрөкочкор, андан Куржун, Торгой. Итибоктон – Мамбет. Боокеден – Такабай, Кыдыктан – Жакшылык, Жаанбай, Куптулду, Жаныбек. Белектен – Тогузбай, Шүкүр, Элчибай, Кожош, Акжаркын байбичеден – Алдаш, Алдаяр, Саты, Токой, Токоч, кичи аялынан – Толубай.

    Мүйүздүү Эне алып берген Чежимжандан Туумакашка дегенбиз. Андан – Аккозу, Каракозу, Аккуп. Аккозудан –Акун, Каракозудан Желдең, Базарчы, Жүдөмүш. Алсейиттин тукумдары бүтүндөй Жети-Өгүз айылында турушат, - деп санжырада айтылат...

    Бугу уруусунун түпкү тарыхтарын, анын экинчи санжыра-тарыхын мындайча айтканда, анын экинчи жаралышын изилдеп, бугу уруусу жөнүндөгү уламыштарды угуп төмөндөгүдөй жыйынтыкка келсек болот:

    Бугу уруусу кыргыздын байыркы урууларынын бири, айрым маалыматтар боюнча болжолу б.з. VI-XI кылымдардын аралыгында бугу уруусу кыргыз элинин бир бөлүгү болгон, алар Енисейде, Алтайда, Батыш Тянь-Шанда (азыркы Кыргызстанда жана Аксуу, Турпанда) көчмөн турмушта жашаган. Бул жөнүндөгү илимий пикирлерди биз жогоруда көрсөттүк.

    Бүгүнкү күндө бугу уруусу негизинен Ысык-Көл облусунда Тоң районунун Ак-Сай, Көк-Сай, Эшперов, Төрткүл, Бөкөмбаев, Тоң, Кажы-Сай, Кара Шаар, Оттук, Ак-Өлөң айылдарында, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп районунун баардык айылдарында, Ысык-Көл районунун Өрүктү, Чоң-Өрүктү айылдарында, Кочкор районунда Кара-Күңгөй, Ормон, Семиз-Бел айылдарында жашашат. Ошондой эле бугу уруусунун өкүлдөрү республиканын башка райондорунда жана борбор калаабыз Бишкекте жана Ысык-Көл облусуна чектеш Кытай Эл Республикасынын Турпан, Артыш, Текес жерлеринде турушат.

    Кошумча айта турган нерсе, бугу уруусу саяк, сарбагыш уруулары менен көптөгөн кылымдар чогуу, канатташ жашашкан. Мындан тышкары бугу уруусунун ичинде дөлөс, теңизбай, черик, моңолдор, коңурат, тейит, мундуз ж.б. уруулар бар.

    КӨЛДҮК АКЕЛЕРДИ БАРКТАЙ БИЛЕЛИ!                       (Мазмунга)

    Көлдүк акелерден сөз баштоо түмөн түйшүк, түйүндүү сырларды чечүү айсыз караңгыда карайлап, жол боолголоп, эки колуңду көзсүз алга сунгандай болосуң. Ал өткөн доорлордун ачуутаттуу, олку-солку, кермек тиричилигинин даамын искеп, турмуштун элес-булас учкунунан шоола издегендей эмеспи! Так, далилдүү, нак окуяларына аралашып, алардын жарыгы менен кеменгер иштерин, нускалуу сөздөрүн, көөнөрбөс мурастарын көргүң келет, үйрөнгүң келет. Биздин ортобузда аралык алыс, кылымдар арып, мезгилдер карып, жылдар эскирип, уламалар унутулуп барат. Убакыттын албуут бороону акелердин асыл сапаттарын бизден оолактата баштаган. Ошондой болсо да, уюткулуу элибиз, укум-тукуму ооздон-оозго көчүргөн уламалары эгемендикке жеткени ар ким өз билгениндей кооздоп, көркөмдөп айта баштады. Элибиздин баамчылдыгынан акелердин асыл иштери арабызда. Алардын кимисин эскербегин оозунда сөзү бар, айтканы эм, сөздөрү учкул, курч, таалим – тарбиясы күч, нускалуу көөнөрбөс.

    Демек, Көлдүк акелер - жетөө. Алардын элине сиңирген эмгеги, өтөгөн кызматы элдин эсинен чыкпайт. Анда акелерге улуулаштырып, нускалуу өмүрлөрүнө кезек берели.

    КАРГА АКЕДЕН ЖАШ СУРАП...(1718-1828-жж.)                       (Мазмунга)

    Санжырачылардын айтымында көл калаасындагы акелерге Карга акени кошпой келишкен. Кийин элибиз эгемендиктин шарданы менен акелердин катары өсүп, жетиге жетти. Элдик мударис Кусейин Карасаев: “Каргадай калыс бол” деген сөздү бала кезде карыялардан угуп калар элек. Аны кадимки канаттуу экен деп ойлоп, карганын эмне калыстыгы бар болсун десек, көрсө, желдең уруусунан чыккан Карга бийди карыялар кеп салчу тура. Карга аке узак өмүр сүргөн экен. 1718-жылы туулуп, 1828 – жылы 110 жашка чыгып, акыл-эси акактай кезинде кайтыш болгон экен.

    Калмактардан соң кең Жуукуну байырлап ээлеп, жер соорусунан орун алышкан. “Касиеттүү Карга аке” деп, убагында улуу урматка ээ болгон. Кадимки эле Сарт аке, Тилекмат акелер Карга акенин батасын алышкан, урмат-ызаат кылышкан. Айтканы эм, акылы кең адам болуптур. Жибек жолунун оозунан орун алган Жууку өрөөнүнө Карга акенин касиети жуурулушуп, бул жердин атагы өзгөчө урматтуу болгон” (К. Карасаев, “Ысык-Көл кабарлары” гезити, 2001-жыл, 4-декабрь).

    Көл өрөөнүндө Карга акеден ары өткөн аке деп айтылгандарды санжырачылар да, эл да билбейт. Эми Карга акенин түпкү тегинен кабар берели: Тагай – Кылжыр – Орозбакты – Мырзакул – Алсеит – Туумакашка – Каракозу – Желдең – Түлөке – Мендегул – Карга. Кезегинде даректүү деп Карга ата, Карга аке, Карга бий, Карга бай деп аташчу экен.

    Карга аке жөнүндө уламыштар көп айтылат. Аларды жарыялап да, жазып да, ооздон-оозго айтып да жүрүшөт.

    Кеч күздө Карга ата он уулун бүт үй-бүлөсү менен көчүрүп, Жуукудан Кыргоо деген кыштоого бет алат. Кар бапалактап жаап жатат. Дархан айылынан узаарда минип бараткан аты эмнегедир бурула түшөт. Ошондо Карга ата аны токтогон жерге узун укурукту бекем сайып, кенже уулу Жаныбекти “куу далы” дечү экен: “Ээ, куу далы, менин жайым так ушул жер экен, кылчактабай байкап ал”, - деп, сайылган укурукту көргөзөт. Андан ары кыштоого чейин кар аралаш барышат. Атты бура бастырбай кар өтө оор түшөт. Карга ата ак өргөгө бардык балдарын маңдайына чакырып, “Тагынан тайбас хан жок, ажал албас жан жок . Өмүр – аласа, жан – бересе”.

    Мен өмүрүмдө келиндеримдин жүзүн көрбөпмүн. Оо дүйнөгө аттанаар алдында көрүп таанып алайын. Тааныбаса кудай алдында күнөө дейт. Бардык келиндерим жүгүнүп киришсин, дидарларын көрсөтүшсүн, –дейт. Он эки канат боз үйгө бардыгы сыйып батышпады. Эң улуу келини араң кылчылдап баскан кемпир экен. Калгандары аны улап келаткан ээктери түшө баштаптыр. Бардыгын көрүп, санаасы тынчып, минтип бата бериптир: “Учугуңар сүзүлбөсүн, тукумуңар үзүлбөсүн. Кудайдын бул демине шүгүр. Баш берди, мал берди, узун өмүр жаш берди, акка моюн сунаар кез келди. Көзүм көрүп, кулагым менен угайын, өкүргүлө, сапарым карыды” - дептир.

    Ошентип бардык келиндери кошок кошуп, бирок бат эле токтошот. Кошокту эч бир келини узарта албайт. Ошондо Кожотай деген уулунун он үч жаштагы кызы Арууке кыйлага кошкон экен. Аны токтоткун деп басылткандан кийин, балдарынан Жаныбеги (куу далысы) такыр өкүргөнүн токтотподу.

    Ошондо атасы: “Тиги куу далыны чакыргылачы, эмнеге мынчалык жанын сабайт”, - деп, чакыртты да:

    - Мынчалык неге боздойсуң? - Аманат жанды Кудайым өзү албайбы? Эмне Жараткандан аласаң бар беле?”

    -Айланайын ата, сизди жоктоп, боздоп жатат дейсизби? Бүт кыргыз журтчулугуна кадырыңыз өткөн. Бул эле көл кылаасы эмес, тиги Нарын, Ат-Башы, солтого кадырыңыз өткөн. Аларды ушул касаба карда кантип чакырам, кантип аларды ыраазы кылам, - деп боздоп ыйладым.

    - Аа, балам мен да өлбөпмүн. Капа болбо, Куу далым! Өлгөнгө да урмат-сый керектигине акыл токтотконуңа ырахмат. Кардын жарасы жеңил, тигил күрткүнү көрбөй турасыңбы, анын алдына түртүп сал да, эрте жаз менен эл-журтуңду чакырып, мени жайыма тапшырып кой, - деди Карга ата.

    Арадан аз убакыт өткөрбөй туруп:

    - Балдар мени сыртка алып чыккылачы, деп сыртка чыгып, муздак абага карабай, көлдү тиктей карап:

    - Оолда садага болоюн жарыктык Ысык-Көлүм, сени кыйып, мындан мурункулар кантип кетти экен, жаны кантип чыкты экен? Касиеттүү көлүм! Мен да сени кантип кыярымды билбей турам. Кош бол! Урпактарга буюр! Укум-тукум дүркүрөп өссүн! Душмандын (Калмактын) камчысы кайрылбасын! Калкым көлдөн айрылбасын! Оомийин! - деди. Карга ата үйгө кирип, төшөккө барып, кичине кыйшайган боюнча кете берди. Бир гана керээзи “Ынтымак өмүр сүргүлө” - деп айткан болду.

    Ошол доордо бири-бирине үстөмдүк кылгандар болгон. Аз урууга үстөмдүк кылып, арыз муңун Карга акеге айтып келгенде, эки элдин жакшыларын, билермандарын чакырып, өзүнүн акылман ойлорун айткандан кийин үстөмдүкчүлөрдүн эсине келиптир.

    “Көп курусун, көпкө бүткөн мал курусун, аз курусун, азга буткөн жан курусун” деген экен. Ушул улуу сөздүн артында эмне деген жандырмагы, табышмактуу сырлары жатканын сезгендер өз чекиликтерин сезишип, кечирим сурашып ынтымака келишиптир.

    Карга акеге бата алайын деп алыстан согончогу канабаган келин келип бата сурайт, балалуу болбогонун айтат. Карга аке ак пейилден алаканын каадасынча тескери жайып бата бериптир. Ошондо келин ботодой боздоп:

    – Атаке, ак тилек, адал ниет менен алкышыңызды берсеңиз болбойт беле, колуңузду оң кармасаңыз болмок, - дейт.

    Анда Карга аке суз гана келинге: “Ата балам ай, күйүкпөсөң болмок, ызаң ичиңе түшүп кетпедиби, иш болбой калды, бара бер” – дептир.

    Карга акенин кыбырасы, Каракол шаарындагы Тыныстанов атындагы Университетинин окутуучусу Үсөнбек Асаналиев “Ысык-Көл кабарлары” гезитине көп эскерүүлөрдү жарыялап, элжуртка тааныштырып жүрөт. Анын Карга акенин каргышынан бергени бар. Анын үзүндүсүн (1996-ж. 25-октябрь, № 83) толук бердик. Элде “Калыстыкты Каргага берген” деген кеп бекер айтылган эмес. Дагы бир айтымда Бирназар бий Карга бийге мейманга келет. Бийлердин минген аты, ат жабдыгы начар болобу.

    Түндө Бирназар: – Карга аке, балдарга атты каратып койбой, - десе, – Карга аке:

    - Бул айылда ууру болбойт, - дептир. Эртеси ат жок. Анда Карга ата:

    - Ак болгонуң арыкты аттап өтөсүң, кара болгонуң, арыкка кулап өлөсүң, - деп арык аттаткан экен. Ошондо Карга атанын бир уулу аттай албай, арыктын четинен кулап түшүп, жан берген экен. Карга ата:

    - Менин мындай уулум жок, мындан ары мунун атын оозуңарга албагыла, эсиңерге салбагыла. Өлдү деп өкүнбөгүлө, чуу чыгарып өкүрбөгүлө. Жамы жар болсун, жаткан жери тар болсун. Жар уратып жашырып койгула, буга бир ууч топурак арам! – дептир.

    Карга акенин акылмандыгынан, даанышмандыгынан, калыстыгынан учкай эскерип: “Жаш сурасаң - Карга акеге бар” деген санжырачылардын пикирине ынандык.

    Биз Карга аке жөнүндө айрым булактарга таянсак, туулган жылы менен өлгөн жылы эки башкача айтылган. Алсак, окумуштуу К. Асанбеков өзүнүн “Ысык-Көлдүн жети акеси” деген китебинин 42-бетинде мындайча эскерет: “Россиянын калкалоосун көздөгөн Карга аке 110 жашында 1828-жылы бу дүйнөдөн өтүп кеткен”. Чындык кай тарапта экенин эч ким далилдей албайт. Эми Карга акенин артында калган нуска кептеринен назарыздарга койсок дедик.

    Карга акенин нускалары

    * Учугуңар сүзүлбөсүн, тукумуңар үзүлбөсүн.
    * Тагынан тайыбас хан жок, ажал албас жан жок.
    * Өмүр – аласа, жан – бересе.
    * Аманат жанды Алла албайбы, жамандын жанын жан баштыкка салбайбы.
    * Касиеттүү көл! Урпактарга буюр! Укум-тукумга буюр! Калмактын камчысы кайрылбасын, калкым көлдөн айрылбасын!
    * Жангорлуу жоодон сактасын, жоболоңдуу доодон сактасын!
    * Ойроттон шок чыгат, оюндан от чыгат.
    * Коктуңду калмак кор кылды, колотуңду тор кылды.
    * Калмак каймагыңа көз артпайт, баймагыңа көз артат.
    * Аз курусун, азга бүткөн жан курусун, көп курусун, көпкө бүткөн мал курусун.
    * Оо, кудайым, балдарыма ырыскы берсең тең бер, бербесең баарына тегиз кем бер.
    * Жоо каптаса өчүлөр, өлүм каптаса өчүгөөр.
    * Кайраты кеткен катыгаар, карт болгон оору айыгаар.
    * Жардынын байы бол, жакырдын жайы бол.
    * Эп чырагы эне болот.
    * Кудайдын бергени угулбайт, жалгаганы туюлбайт.
    * Сабыр- сакалдууда, сыпаа – акылдууда.
    * Айткан сөз абага учкан чымчык, ойлонбой сүйлөгөн – кырсык.
    * Ынтымак оңдуу болбой, ырыскы жөндүү болбойт.
    * Чачкын болсок чачылабыз, бир балээге кабылабыз.
    * Бүтүн болбосок – бүлүнөбүз, санаасы бузукка бүгүлөбүз.

    МОЙТ АКЕ – ЫЙЫК БАТА (1750-1843-жж.)                       (Мазмунга)

    Касиеттүү Ысык-Көл бирде толкун, бирде тынч. Миңдеген кылымдар бою элин багып, нечен акылмандарын, даанышмандарын, олуя-көсөмдөрүн, батыр-берендерин боорунда торолтуп, алтын уядан, арча бешиктен учуруп, эл жерине опол тоодой эмгек кылгандарды берген. Анын бири ыйык батакөй Мойт аке. Санжырачылардын эсебинде ал болжолу 1745-1750-жылдары жарык дүйнөгө келиптир.

    Алдаярдын Теке, Асан, Абылаке, Очуй, Мойт уулдары болгон. Мойт аке да үч аял алыптыр. Алты уулу – Үсөн, Чомой, Алыбек, Качыбек, Саске, Калча. Алар Мойт аке өзү тандаган Орто-Өрүктү айылында жашашат. Бул жер мал күздөтүүгө, кыштатууга, жаздатууга, жайлатууга ылайыктуу, күнөстүү, тоо этеги, айдоо аянты түшүмдүү, көл жээги көркөмдүү, күнгөйү менен тескейи алаканга салгандай көрүнүп турат. Мурда Каркыра жайлоосун жайлап, малын оторлоп, дүркүрөгөн малы өрүшкө батпай туруучу экен. Казак-кыргыздын чоң жыйыны, той-ашы өтүп туруучу жайы болуптур. Канатташ эки элдин ынтымактуу жашашына кам көрүп кылыстык кылып, бир максаттуу, бир тилектүү өмүр кечиришине албан эмгек сиңирген. Мойт аке Жаңыл мырза, Шырдакбек, Шапак баатырлар менен замандаш болгон. Айтканы эки болбогон, ак баталуу, ырыскы уялаган касиеттүү инсан. “Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей Мойт аке саяпкер, мүнүшкөр, табыпкер, көрөгөч, кара кылды как жарган калыскөй болгон. Ат чабыш, куш салыш, тайган агытыш ыкмаларын, сырларын тубаса билгендей так билчү.

    Мойт акенин түпкү теги: Долон –Акуул – Тагай – Кылжыр – Орозбакты – Мырзакул мырза – Алсейит – Жамангул – Белек – Алдаяр – Мойт.

    Мойт акенин доорунда элдин түшүнүгүнө оңдоо киргизген.

    Аттуу-баштуу билермандар, эл башкаруучулар көзү өтсө Анжиянга алып барып коюу өкүмдарлык кылган. Муну Мойт аке тыйган. “Менин сөөгүмдү туулган жерге койгула. Менден кийинки көз жумгандардын бирин да Анжиянга көтөрө чаппагыла. Сөөк жүктөө токтотулсун, эл кыйналып кетти. Туулган жердин топурагы алтын! ” – деген керээзи так аткарылып, Мойт аке өзү мурда эскертип айтканы эки болбой сөөгү Бөкөнбаев айылына жакын ыйык мазар туткан Манжылыга коюлган. Бейитти казганда Мойт аке айткандай асылуу казан тулгасы менен чыккан. Бул казан тулганы уулу Үсөн алган имиш.

    Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун акын Жаныш Алиевдин “Алдаяр Мойт” поэма-дастанга жазган баш сөзүндө Мойт акенин басып өткөн өмүрү, элине кылган эмгеги айкын, тунук көрсөтүлгөн. Поэманын ушунчалык кылдат сүрөттөлгөнүнө, өткөн окуяларга терең сүңгүп киргендей болосуң. Анын эл оозуна аңыз болуп айтылып жүргөн канаттуу сөздөрүн эске салбаска аргаң калбайт:
    Ырыс алды – ынтымак!
    Ынтымагы бар элдин,
    Айсыз кара түндө да,
    Асманында күн турат.
    Ынтымагы жок элдин,
    Балдары иттей ыркырап,
    Ачык-жарык күндө да,
    Асманында түн турат!.

    – Ооба, алтын чирибейт, аны сүрткөн сайын кайра өңүнө чыгып, жан дүйнөңдү козутат. Мезгилдин учкулдугуна карабай кылымдар бою урпактары менен бирге жашап, бирге дем берип келет. Мойт аке кудайым ашкере тартуулаган касиеттүү артыкчылыгы бар экенин төмөнкү окуядан кийин терең баамдоого болот.

    Илгертеден Каркыраны кыргыздар ээлеп келгени менен кийин казактар да пайдаланып келишкен. Казактын эң чоң байы Шубар Каркырага чоң той берип калат. Аш-тойдо кыргыз, казак ар оюндарды өткөрүп, ат чабыш салты эң катуу сакталчу. Тойго кыргыздан да, казактан да эл билермандары, баатырлары, аттуу-баштуу жакшылары толук келишет. Тойдун эки-үч күнүндө ат чабышуу башталмакчы. Камылга катуу көрүлөт. Казактын баатыры Шоорук өзүнүн Керкашкасын алып келет. Ал мурдагы мелдештерде алдына күлүк чыгарбай, байгелердин баарын утуп, Шооруктун жайытын малга карк кылган. Бу жолу да үмүтү чоң. Бу жолу да үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой сайылыптыр. Күлүктөр чубатмага салынды. Ошондо Мойт аке Керкашканы көрөр замат өзүнүн күлүгү экендигин тааныйт. Аны топко салуу максатындагы оюн айтат. Сарт аке да аны эп көрөт. Күлүктөр алтымыш чакырым аралыкка чабылат. Биринчи болуп Шооруктун Керкашкасы, экинчи болуп Мойт акенин Керкашкасы келет. Марага келгенде: “Алдаяр, Алдаяр!”- деп ураан чакыртат. Шоорук баатыр ичинен түтүнсүз күйүп, эмне айла табаарын билбейт. Үчүнчү болуп Сарт акенин Тоо торусу келгенден мурда эле Мойт аке:

    – Оо, калыс агайындар, жоголгон тулпарымды бүгүн таптым!. Кудай бар, энеси да, атасы да бир бул эки керкашканын дейт. Өзүмдүн ак малым. Мындан беш жыл мурда уурдаткам. Эл дүрбүй түштү. Үрөйү учту. Чабышууга даярданышты. Ушундан улам эл чийки май жегендей болушту. Казактын сынчысы Найман чырды басуу максатында элдин алдына чыгып, чырдуу түйүндү чечүүгө, ортодогу келишпөөчүлүктү болтурбоого кызмат кылайын деп Шубар байдын өргөсүнө кыргыздын, казактын билерман жакшыларын, калыстарын чогултту. Найман чогулгандарга кайрылды:

    - Агайындар, Шооруктун Керкашкасын меники деп Мойт аке талашып, ууру тутуп олтурат. Менин тапшырмаларымды аткарса жеңиш аныкы болот. Эмесе тиги байлануу турган койдун козусун таап келсин.

    Мойт акени миң козу жаткан короого киргизип жиберишет. Бардык козу коёндой окшош, күрөң күрпөңдөр. Мойт аке кудайга жалынып: “Белек атам оңдой гөр, Бугу Энем арбагыңда колдой гөр!..” - деп арбактарга сыйынып, ар бир козуну көңүл коё, кыраакы сезимин чачырата кыдырып, ар бир кылыгына, мүнөзүнө, өңүнө кылдат сереп салды. Бир маалда ак төбөл кызыл козу көзүнө урунуп, көңүлүн бийледи. Акырын шап шыйрактан алып, мааратып көтөрүп келип:

    - Барагой, энеңди эм, - деп козуну байлануу койго салганда козу шарт эле ээмп кирди.

    Биринчисин туура таптыңыз. Эми ушул козунун түгөйүн табыңыз, -деди Найман.

    -Урматтуу агайындар, береги казанда боркулдап кайнап жаткан ушул козунун эгизи, -деди Мойт аке. Муну укканда бардыгы Шубарды карашты.

    - Оо Кудай бар. Калп айтуу чоң күнөө, чынында эле казандагы эт тиги козунун түгөйү деди.

    - Муну да туура таптыңыз. Акыркы тапшырмабыз, ушул койдун былтыркы козусун-кысыр калдысын табыңыз, - деди Найман. Тиги дөңсөөдө жайылып жаткан окшош токтуларды аралап жүрүп, так эле энесине түспөлдөш кысыр калдысын кармап, жетелеп келди. Токтуну көргөн Шубар жакасын бекем кармап, “дал өзүн тапты, Мойттун көрөгөчтүгү күчтүү экен”, - деди.

    Ошентип, Шооруктун Керкашкасы Мойт акеники экени далилденди. Баш байге элге таратылып берилди, соогатчылар да куру калган жок. Шубар бий кыргыз, казактарга тай союп меймандаган экен. Мойт аке Шоорук баатырдын жылкычысын чакырып, кандай жол менен Керкашка уурдалганын сурап билет. Мындан беш жыл мурда Шооруктун жылкычысы менен Мойт аке кошуна жайлап калат. Бир күнү көнөктөп жаан төгүп, үч күн ачылбайт. Так ошондо Мойт акенин бээси тууй турган учур келет. Муну сезген Шооруктун жылкычысы Мойт акеге келет:

    - Күн өтө катуу жаап келди. Сиздин кийимиңизге өтмө катары өттү, үйүңүзгө барып, ысык чай ичип келиңиз. Мен жылкыга көз салып турамын, барыңыз деп асылат. Мойт аке чын эле катуу суу болгон, жылкычыга ишенип, үйүнө келип ысык чай ичип, жылып, кийим которуп кийип кайра келсе, Керкашканын энеси жаңыдан тууп, кулунун эмизип турган экен. Эч этибар албайт. Күн дале катуу жаап турат. Каш карайган кезде жаан басылат. Жылкыларды ыңгайлуу жайга айдап барат. Ошол түнү Шооруктун жылкычысы көчө качкан. Көрсө анын бээси да кулундап, аларды алмаштырган. Мойт аке жылкычы көчүп кеткенден кийин шекшип калган экен. Мына ушул окуяны көпчүлүккө айтып берди.

    Батасы ката кетпептир

    Мойт аке жашаган заманда да кедей-кембагалдар жашаптыр. Мындайларга боор толгоп, колунан келишинче жардамын берип, акыл насаатын айтып турчу экен. Ошол кезде Жетимче деген жигит отуздан өтүп, он кыздуу болуп, өйдө тартса өйдөгө, ылдый тартса ылдыйга жетпей, жакырчылыктын күнүн кечирип, өлбөстүн күнүн көрөт. Жалгыз аты тарамыш болуп чобур, баспай, кашаң. Эптеп оокат кылып күн өткөрөт. Илең-салаң кетип баратса алдынан Мойт аке чыгып, күрөң аты баспай араң кыбырап келатканын көрүп:

    - Балам, астыңдагы тулпар экен. Кор кармап, бүтүрүпсүң. Мага бер, багын ачайын, тулпарыңдын арманын басайын. Мына азыр кыш, жазында кулундуу бээ, музоолуу уй,элүү соолук кой алгын. Буга кандай дейсиң? - дейт Мойт аке.

    - Болуптур абаке, алыңыз. Аты-жөнүңүздү айтыңыз, жазында ким деп издейм сизди? - - Жетимче эмне дээрин билбеди. Арадан ай айланып, күн жылып, жер тоңу кетип, жаздын жагымдуу илеби соккон кезде Мойт акеге барды Жетимче.

    - А Жетимчем келипсиң. Мына сага деп арнаган малым, - деп кулундуу бээни, музоолуу уйду, элүү койду алдына салды. Ошондо Жетимченин эркек уулу жок экенин билип, мындайча бата берди:

    - Оо Жетимчем, он кызың эстүү болсун, иштүү болсун! Өрүшүңө малың толсун, эмдиги ушул жазда уулдуу болгун, ар дайым өзүңдү кыдыр колдоп жүрсүн! Оомийин! - деп алакан жайып бетине бата тартты.

    Төрт жыл учкан куштай өтүп, баягы күрөң тулпар болду. Жүнү жылтылдап кубулуп, нечен күлүктөрдү артка таштап, солто, сарбагыш, саяктарды суктандырган ченебегендей күлүк болду. Мойт акенин батасы тийип, Жетимче чоң бай атанды, өрүшү малга толуп, он кызы эстүү чоңоюп, ата-энесин урмат-сыйга бөлөдү. Акылдуу уулдуу болуп, атанын туягы аталды.

    Далыны карап...

    Эл аралап, журт кыдырып баратып, казактын эң чоң байынын үйүндө конок болот. Ирик союлуп, эт бышып, этти толугу менен Мойт акенин алдына коюшат. Килкилдеп бышкан эттин ичинен далыны колуна алып:

    - Бул боруктун эти ууру эт тура, кечирип коюңуз байым, мен ууру эт жебейм, - дейт Мойт аке. Бай аң-таң болот.

    - Мойт аке, бул эч кандай уурунуку эмес менин ак малымдан. Жайыт толо коюм турса, мал уурдасам кудай кечиреби? Мойт аке чын өзүмдүн ак малым, - дейт бай.

    Мойт аке боруктун далысын акырын табакка салып:

    - Бул менин коюмдун тукумунан экен. Сени күнөөлөгөндөй болдум, аныгын ачык айтсын малчың, -дейт.

    Бай шашкалактап койчусун чакырат да:

    - Ой койчу бул борукту кайдан алдың, энеси барбы? - деп зекийт Мойт аке.

    - Өзүбүздүн короодон эле, дейт койчу.

    - Энеси барбы?, - дейт бай.

    - Бар, кызгылтым боз төбөл кой. Мындан эки жыл мурда Каркыраа жайлоосунан бир кыргыз койчунун коюнан кошулуп келген, - деп чынын айтат.

    Жоголгон малды ээсине бербей ууру болгонуңуз ушул, колуңуз булганып калыптыр, дейт Мойт аке.

    - Кечириңиз Мойт аке, күнөө бизде. Малчыма ишенип, бетим карарды, - деп кечирим сурады да кайра тай союп, Мойт акенин алдына түшүп, ат мингизип, чапан жаап эртеси узатыптыр.

    Байлык кимде?

    Казактын эң чоң байы Шубар кыргыздын эң мыкты жакшыларына көрүнөйүн дегенби, айтор мактана кеп салды:

    - Ой, ага-туугандар, кана, менден өткөн байыңыздар барбы?. Мактансам миң сокур төөм бар, майдасын айтпай эле коёюн. Сиздерден байыңыздар мага тең келе алабы! - деди.

    - Бул мактанчаак байга өзүң эле жооп берип койчу Мойт аба, - деди Сарт аке.

    - Шубар байым, сокур төөлөрдү айтып мактандың. Кой менен жылкыга сан жетпейт дедиң. Бул дүйнөнүн шамалы бар, ызгаары бар, суук, сели, капсалаңдын баары бар. Малың колдун кири, артыңда туяк болбосо, жыйган терген байлыгыңды өзгөлөр талап албайбы. Мен малымды айтпаймын, жүздөн ашык неберелеримди эркелетип, тоюн жеп, кубанамын. Ошол менин байлыгым, - деди Мойт аке. - Туура сөздү уккула, сөзүн улап, - тукумдан өткөн байлык жок. Экинчи байлыгым Шубарым, миң төөң, он миң коюн, жылкыларың тебелеп тепсесе да жыртылбаган килемим бар. Түз жерде желбей калган эт, майым бар.

    Ошентип, Шубар башын шылкыйтып, ойлонуп, чыныгы бай силерде тура. Мал тебелеген килемиң – жайлоолоруң, желбей калган эт-майың - Ысык-Көлдүн балыгы тура, эң чоң байлыгың – тукумуң тура. Мен жыгылдым Мойт аке, - дептир Шубар.

    Бүркүтүн таанып...

    Мойт аке, карылыгым келген окшобойбу, балдар Манжылыга барып келели деп, барып калышат. Баратып жыты сиңишкен бүркүтүн эстеп, эки жылдан бери дайынын билбегенин айтып келаткан. Манжылыга жакындап калышкан. Кеч бешим ченде асмандан шаңшыган бүркүттүн үнү угулат. Мойт аке бир аз тыңшап туруп:

    - Оо айланайыным, бу менин баягы эркиндикке коё берген бүркүтүм тура. Көзүнүн курчтугун кара, мени таанып, шаңшыганын көр айланайыным! Бирге келатышкандар өздөрүнчө, Мойт акебиз карып калыптыр, небак коё берген бүркүтүн тааныдым деп алжып бараткан го дешти, - шыбырашып.

    Муну дароо сезген Мойт аке: -Үндүн угулушуна караганда бийик учуп баратышкан окшобойбу. Жарыктык быйыл чыгарган балапанын учуруп, канатын күүлөтүп, алыска учуруп бараткан тура, – деди.

    - Ой Мойт аке! Аны кантип билдиңиз? Жарыктык өзүңүз да карылыкка моюн сунайын деп калгансыз го? – дешти.

    - Жалгыз балапаны кыраан, чыгаан туйгун экени байкалып турат. Силер мени карыдыңыз деп шылдыңдап жатасыздар. Баарыңар тиги жондун ары жагына көрүнбөй бастыргылачы, - деди Мойт аке.

    Мойт аке суусар тебетейин колуна алып үндөп, булгалады. Асманда томуктай көрүнгөн так улам чоңоюп, канатын куушуруп келаткан бүркүттү көргөндө беркилер жакасын кармашып, уятынан үн катышпады. Бүркүт түз эле Мойт акенин колуна конот. (Айрым куштун тилин билген санжырачылардын айтканы боюнча берилген). Барпалаңдап канатын сылап, тумшугунан жыттап, кадимки адамдар менен учурашкандай мамиле кылат. Астындагы атын жара тартып, казы-картасынан бери бүркүттүн алдына койду. Бүркүтү да тоё жеп, ыраазычылыгын билдиргендей үн сала кайра учуп кетти.

    Мойт акенин бүркүтүнө жасаган мамилеси бүтүндөй кыргызга, ооздон-оозго, муундан – муунга аңыз болуп тарап кетти.

    Мойт акенин батасы

    Элинин ынтымактуу жашоосуна кам көргөн Мойт акени эл терең урматташып, кадырлашып, “батакөй аке”дешип сыймыктанышат. Анын батасынан:
    Элде бар болсун, эгем жар болсун,
    Кырсык жок болсун, кырман данга толсун,
    Курсак ток болсун, жерибиз чөптүү болсун,
    Уюбуз сүтүү, малыбыз эттүү болсун!
    Уул үйлөп кыз чыгарып, үйүбүз жанга толсун.
    Батам кабыл болуп, этегиңден жалгасын,
    Кут калкка келсин, жут алыс кетсин.
    Уулуң ыймандуу, кызың ырыстуу болсун,
    Атыңды чыгарсын.
    Таарыныч таркасын, бак-таалай карасын.
    Намысты колдон чыгарба, элиңди жер каратпа,
    Ата-бабанын арбагы колдоп, башыңарга баш кошулсун,
    Ырыс-кешиктүү болуп, үйүңөрдөн ынтымак кетпесин.
    Арбак колдоп, айдан аман, жылдан эсен болгула!
    Оомийин!

    Мойт акенин нускалары

    * Ырыс алды-ынтымак, ал жерде кут турат!
    * Илим-билимге жетсең, дүйнө сага кул!
    * Ысык-Көл - бейиш көлүм сен турганда, дүйнөдө кай жер болмок сенден артык!
    * Өмүр - өлүм, ый - күлкү эгиз болот.
    * Эненин балага сүйүүсүндөй эч күч жок.
    * Чөмөлө жыйнап күзүндө, чөп чыкпаса жер жетим,
    * Жымыңдаган үмүттөй, жылдызы жок ай жетим.
    * Энесинин төрүндө, кемпир болгон кыз жетим,
    * Койчусу жок кой жетим, акылман болбой ой жетим
    * Жок менен бар - эгиз, жакшы менен жаман - эгиз
    * Адал менен арам - эгиз, жаназа менен той - эгиз.
    * Келаткан чатактын алдын тос, ырбап кетсе сөз жетпейт.

    САРТ АКЕ – АКЫЛ АТАСЫ (1780-1865-жж.)                       (Мазмунга)

    Оболу эл-журту ишенип, медер туткан тиреги, жөлөк-таягы болгон дөөлөс Сарт акенин тегин айта кетели. Долон – Акуул – Тагай – Кылжыр – Дөөлөс – Толуман – Чулум- Зумбул – Мендеке – Жаный – Кудаш – Байболот – Доскулу – Сарт аке (Сартбай).

    Сарт акенин киндик каны тамган жери – Нарындагы Текесекирик деген жер. Атасы Доскулу алыш-беришке кенен пейилдүү бай болгон. Нарын дарыясынын жээгинен улуу Жибек Жолу өтүүчү. Доскулунун Кашкарлык досу Алимахун кытай товарларын ушул жол менен алып өтүп, нечен жолу досунукуна байыр алып, өргүп, соодасын да жүргүзө турган. Эң кийинки келиши 1780-жылдын күркүрөгөн күзү эле. Алимахун жаңы эле келип, саламдашып ал-жайды сурашып, черлери тарап калган кезде сырттан келген жигит Доскулуга сүйүнчү айтат.

    - Байым уулдуу болдуңуз. Жаңы эле көз жарыптыр, - дейт.

    - Болсун, болсун! Сен акжолтой болдуң, келээриң менен аяшың уул тапты. Атын өзүң кой, - деп Доскулу досу Алимахунга карайт.

    Досу ордунан шап тура калып, азан чакырып, Сартбай болсун деп коёт.

    Санжырачылардын айтымында Сартбай он бир жашка толгончо Нарын дарыясынын жээгинде өсөт. Ал жаратылыш кубулуштарына кызыгып, дарыянын шоокумуна, жээкке серпкен тамчыларына кызыгып, доошун кыйлага тыңшап, ал жердеги куштардын сайраганына кулак төшөйт. Ушундай кереметке берилип, кээде түшкү тамакка да келчү эмес экен. Зирек, ар нерсеге шыктуу, сезимтал өсөт. Доскулу көл тарапка ооп, Жети-Өгүздүн Жалгыз-Өрүк өрүшүнө келип, Алымсейиттин балдарына камыржумур аралашат. Көлгө келгени Сартбай атын кыска гана Сарт деп атап калышат. Тири карак, сөзгө чебер, чукугандай сөз таап, ар кимге кара кылды как жарган, калыстык кылат, аны терең баалап, Боромбай өзүнө кеңешчи кылып алат. Анда ал он жетиге толгон кези эле.

    Аллах-Таалам Сарт акеге пендеге ыйгарылуучу асыл касиеттин бардыгын бериптир. Акылды, ширин сөздү, чечендикти, жайдары мүнөздү, токтоолукту, көтөрүмдүүлүктү, назиктикти, ызааттыкты, кеменгерликти, жаман-жакшыны айра билүүчүлүктү, сыйчылдыкты, кайрымдуулукту аябаптыр. Ушул сапаттар анын зоболосун ченебей көтөрүп, кадыр-баркка бөлөгөн.

    Сарт аке туурасында Сарт акенин тукуму Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Университеттин профессору Акеш Имановдун “Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат чечен” деген китебинен айрым эпизоддор алынды (98-110 беттер).

    Сыны туура чыккан

    Кезегинде Муратаалы бий Сарт акени конокко чакырып, урмат-сый көрсөтүп, сөздүн ширинин, нуска-насаатын балдай кереметтерин угуп олтурушканда сырттан бийдин карачечекей жээни кирет. Учурдан пайдаланып жээнин сынатып калайын деп, Муратаалы:

    - Жакшылардын жолун жолдоп, нускасын угуп, келечеги кең болсун деп, жакшылардын тобуна аралаштырып жүрөм. Уулуңуз келечекте кандай адам болор экен, сыныңызды берсеңиз, - деп өтүнүп калды.

    Сарт аке алдындагы кымызды жутуп жиберип, жигиттин шагы сынбасын деп, сыртка чыгарып жиберди да:

    - Ачыгын айтайын, ичиңиз оорубасын, көңүлүңүз кабатырланбасын. Жаман адамдардын эки түрү болот – ийри жаман жана түз жаман деген. Ийри жаманды түздөсө болот, ага көп күч жумшалат. Бирок, дээринде жамандыктын көрөңгөсү болгондон кийин орто заар гана болуп, мыктылар чыкпайт. Эптеп эл арасындагы келим-кетимге гана жарайт. Ийринин түзөлгөнү ушул. Эзели түз жаман оңолбойт. Сиздин балаңыз ошол түздөрдүн бири, ачыгын айттым жээниңиз ошол түз жамандын дал өзү. Аны эл аралатып убара болбой койсоңуз деле болот.

    Сарт аке айткандай, жээни жөнсүз “ашка жүк, башка жүк” болуп калыптыр.

    Туткундан бошотуп

    Сарт аке бир атанын балдары сарыбагыш менен бугунун ортосундагы кырылышкан чатакты басууда элчилик кылууда көп эмгек сиңирген деп айтылат санжырачылардын айтымында. Илгертеден бери эле чырдын башы жер талашуу, кыз ала качуудан чыкчу тура. Ушундай окуяга Балбай баатыр да кабылган дешет. Кандайдыр бир булактарга караганда Балбай Ормон хандын айылынан кыз ала качам деп колго түшөт, ал эми башкалардын айтымында бир короодон ирик алам деп, кемпир кармап алып, кулагын чунайта кескен деген такилик бар. Эмнеси болсо да колго түшүп, Ормон хандын зынданында жатып калат. Балбайды Ормон хан бир жылдан ашык кармайт. Биз бул далилдерди Акеш Имановдун жазгандары боюнча алдык.

    Балбай Ормондун колунда туткунда көпкө жатып калат. Бугулар аны кантип бошотуп алууну ары ойлоп, бери ойлоп, Ормон ханга батынып бара алышпайт. Акыры бир айласын Сарт аке табат деп, үмүттөнүшүп, жардам берүүсүн өтүнүшөт. “Айтса-айтпаса төгүнбү?”, бир атанын балдары болуп туруп, эрегишип элди кыйнап жатышы чекилик, барса барып, бир жыйынтыка келүүгө бел байлайт Сарт аке.

    Сарт аке бир жигитти жанына алып, шар эле Ормон ханга барат. Аны конок үйгө киргизип коёт. Кандай иш менен келгенин Ормон да билет, бирок, сыр алдырбайт. Бир жума конок үйдө жата беришет. Алардын үстүнө кирип да койбойт. Бир жума өткөндөн кийин Ормон бир жигитти жиберет.

    - Хан бүгүн сизге жолугушууга келет, - деп кабарлайт.

    Ушунча убакыт амандашпай, көңүл бөлбөй, тоготпой койгонуна Сарт аке да чыйралып, көгөрүп күтө берген эле. Ал жанындагы өз жигитине:

    - Сен Ормонду көрдүң беле, тааныйсыңбы? - деп сурайт.

    - Жок, көргөн эмесмин, кандай киши экенин билбейм, - дейт жигит.

    - Ормон олбурлуу киши, өтө сүрдүү. Анын хан деген атагы да бар эмеспи. Ал азыр келет, салам берет, биз конокпуз, ордуңан козголбо, ордуңан тура калба, саламын алик алба. Эч нерсе билбегендей отура бер, - деп үйрөтөт.

    - Түшүндүм сиз айткандай жасайм, - дейт жигит.

    Бир оокумда бир жигитине бир чара бозо, бир жигитине сүлгү менен бир чайнегин, дагы бир жигитине бир чара эт көтөртүп, дагы эки жигити боз үйдүн эшигин бийик ачып калганда Ормон эңкейип кирет. Ормондун сүрдүү өңүн көргөндө Сарт акенин жигити жүрөгү опкоолжуй түшүп, шап ыргып тура калат да, жанагы эскерткенди эстей коюп, кайра олтурат. Ормон ак өргөнүн оң капталына чөгөлөй орун алат. Саламдашпай кыска гана:

    - Жол болсун Сарт баатыр, - дейт Ормон.

    - Андай болсун, азиз Ормон, - дейт Сарт.

    - Чоло болбой, кабар ала алалбадым. Кандай иш менен келдиң эле? - дейт Ормон.

    - Бугу менен сарбагыш бир айгырдын балдары. Алышып-чалышып, ынтымактуу жашай албай турсак, ирегеңде душманың турса, - дегенде сөздүн түпкү маңызын сездиби Ормон эки санын эки колу менен мыжып-мыжып ордунан атып турду да, эшикти серпе сала чыгып кетти. Сарт аке ичинен кыжыры келсе да, жүзүнөн жайдарылыкты төгүп отура берди.

    - Ханым, ачуу-душман, акыл-дос, - дейт. - Бекер кылдыңыз сөздүн түпкү маңызына жеткире уксаңыз болмок, каап, - деп улуу байбичеси өкүндү.

    Сарт аке чындыкты түз бетке айткан, жалтанбаган адам эмеспи. Сөздүн төркүнүн билсе болмок. Байбиче сөзүн улап, Ормондун ачуусу тарай элегин сезип, унчукпай калды: “Мени душманга теңеп, кажыган айгырсың, - дейт. Акылдуусунуп жатканын мунун, ага көрсөтөйүн ырк кеткенди!..” - дейт ичинен. - Ушул жолу акылдуусунган немени көрөйүн деп, дагы бир жума катташпай коет. Арадан жети күн өткөндөн кийин, ачуусу таркаган Ормон Сарт акенин үстүнө келет. Сарт аке Ормон хандын көңүлү жай экенин көргөндөн кийин сөзүн баштайт:

    - Урматтуу ханым! Бугу менен сарбагыш экөө бир тууган. Бир атанын, бир эненин кулундары. Эки бир тууган сары майдай таттуу, ынтымактуу болгону жакшы эмеспи. Ханым, Аллах-Таала чындыкты сүйөт. Ынтымактуу эл-кубаттуу эл болсун деп, ырыс менен адилеттүүлүктү берет. Кудай берген бак-дөөлөтүңүз колуңузда, эмне кааласаңыз бардыгы орундалат. Бугу элиңиз сиздин буйругуңузду эки кылбай, ыйык тутат. Бир туугандарыңыздын жүрөгүнө так салбаңыз, ханым, артын ойлоңуз. Биз Балбай тууралуу келдик. Бейкүнөө туткундалган Балбай сиздин жатыңыз эмес, таяке-жээнсиздер. Балбайдын пири сизсиз. Жээн сиздин эркеңиз. Эр тайын тартат, тайы жакшы - жатыны жакшы, - деп жүрбөйбү... “Калк айтса, калп айтпайт” деген макал бар ханым. Бардык карапайым эл эки Улуунун кулу: биринчиси - Кудайдын, экинчиси - хандын кулу. Ошондо Ормондун жүрөгү жибип, ыраазы болду.

    - Сарт баатыр, болду, болду. Сөз эки болбойт. Балбай бошотулат. Эки апта эл ичинде өргүй туруңуз, - деди Ормон. Иш оңунан чыкканына көзү жеткен соң, санаа тынчып жатып калышты. Сарт акелерди дагы кармаган себеби, туткунда жаткан Балбай арып-ачты, оңолуп, өз өңүнө келсин дегени тура. Убадалашкан күнү келген соң, Ормон хан улуу байбичесинин өргөсүндо тамак берди. Балбайды чакыртып келет. Ирегеден кирип саламдашкан соң, сыңар тизелей отурат. Сунулган суусундукту чоң сыр аякты тынбай тартып жиберет. Сөздүн да, сыйдын да соңу чыгып, бата тиленет. Балбай баарынан мурда босогону сындыра басып чыгат да, мурда даярдалган атын минип, жүрүп кетет. Артын кылчайып карап да койбойт.

    Ормондун байбичеси тигилер узап кеткенчекти көзүн албай карап турат.

    - Ханым, Балбайды мокотом, жалтак кылам дедиң эле, ал кайра курчуптур го. Чыгышында босогону тээп кетти, артына кылчайып карабады. Ичине кек сактап кетти көрүнөт. Акыры түбүңө жетип, чекилик кылган ишиң өз башыңа тийчүдөй, - дейт байбиче.

    Ошентип, Балбай баатыр Сарт акенин кеменгерлигинен туткундан бошоп элине келген экен.

    Сарт акенин кеменгерликтеринен

    Кыз тандоо

    Сарт акенин жашы жетип, карылыкка моюн сунайын деп калганда бугунун жакшылары жана билермандары Боромбай баш болуп, дагы жакшы тукум алып калалы дешип, солкулдаган кыздардан, тукуму жакшылардан, тектүү жерден колукту алып берели дешет. Акыры чын ниеттен айтылганын сезет да, макул болот.

    Эл аралап, өз көзүбүз менен көрүп, тандайлы, - дешип бардыгы аттанышат. Бир топ айылдарды аралап, көлдүн күңгөйүндөгү өрүшү өскөн өзөндүү айылга келишет. Айылдан толукшуган айдай, ажары көз кумарын кандырган, ак куудай суйкайган, татынакай кызды табышат. Аны көргөн Сарт аке жараткан Теңирине ыраазы болсо да, жактырбайт. Андан ары сапарларын улашып, Көлдүн тескейине келишет. Бөксө жайлоо этегиндеги айылдан чарчы бойлуу, туйгундун балапаны сындуу, ак саргыл кызды көрсөтүшөт. Ал дагы көңүлүнө толбой, жактырбайт. Беркилер Сарт акенин илебин кайтара алышпай, андан ары жөнөшөт. Акыры Тосордон кара торунун түстүүсү, жылдыздуу кызга Сарт акенин көңүлү байланат.

    - Менин кадырыма жетүүчү адам ушул кыз. Тукум уюткусу ушунда экен, - дейт Сарт аке. Баса конок болушат. Бирге коштоп жүргөндөр үн катышпай тунжурап жүрүшөт. Ошондо Боромбай:

    - Сарт аке, сизге түшүнбөдүк, тектүү жерден тапкан эки кызыбызды чандыңыз, эми жатакчынын кызына муюдуңуз. Бизге түшүндүрүп койсоңуз? – деп собол узатты.

    - Аныңар жөндүү! Силер менен бирге көргөн чырайлуу чыккан кыз чындыгында эле ай экен, чиркин. Бирок, кудайым ченебей берген сулуулугуна карабай багы байланып калыптыр. Анын тукуму начар болот. Экинчиси байчечекейдей жайнаганы менен тукум бербейт, төрөбөйт. Силер айткандай мага да тукум керек. Бул кара тору кыз беш уул, эки кыз табат. Андан үчөө гана топ жарган жакшылар чыгат, - деди. Чындыгында кыздардын тагдыры Сарт аке айткандай болуптур.

    Сөзгө сындыруу

    Бугунун Томо деген чыгаан байы ичи тардыктан сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болуптур. Айылында Мурат деген жакыркембагал жатакчы Томо байдын журтта калган мамыларын алып, отун кылып жагат. Аны уккан Томо “балтырдагы бит башка чыгат” деген ушу, менин конушумда калган мамыларды тиги кембагал Мурат алыптыр, аны доого жыгып бер, - деп, бий Муратаалыга кайрылат. Муну уккан Мураттын айласы алты кетип, эмне кылаарын билбейт. Акыры Сарт акеге барып, жардам сурайт. Доо каралуучу күнү Сарт аке жыйынга барат да, шек алдырбай отура берет. Бий Муратаалы доону кароого өткөндө Сарт аке камчысын үйрүп тиги жигитти жемелей баштайт:

    - Акылы тайкы, ушу жашка келгени эч нерсени этибар албайт экенсиң. - Тоо, токой Томонуку экенин, ой-түзөң Боромбайдыкы экенин билбейсиңби, - деп, Муратты жемеледи Сарт аке.

    - Болду, болду Сарт аке. Бул доонун доосу жок, Мурат балам, кете бергин, - деди Муратаалы бий. Ошондон кийин Томо сөзгө жыгылып, караөзгөйлүгүн коюптур. Ал эми элде “Тоо Томонуку, ой Боромбайдыкы” деген ылакап тараптыр.

    Жайдак калыптыр

    Сарт аке үйүндө отурса... туу калган бээ жетелеп Боромбайдын Өмүрзагы келет.

    Саламдашып, ал-жай сурашкандан кийин:

    - Сарт аке бата алайын деп келдим эле. Батакөй Мойт акеге барсам, болбогон батасын берди, – деди Өмүрзак.

    - Кана, эмне деген бата берди?

    - Оо, Сарт аке, өзүңүз билесиз, кудая шүгүр, түбүбүз жаман эмеспиз, укум-тукумум бардыгер. Ден соолук да жакшы, малым күтүрөп өрүшүмө батпай турса, ден соолугум азырынча чың болсо, берген батасы мындай: “Ооруп айыккан адамдан олжолуу бол, жоголуп табылган малдан олжолуу бол!” – дейт. Ушинтип берди, ким буга ынанат?.

    - А, Өмүрзак балам, Мойттон артык бата бере албайм. Мелткалт толуп калган чагың экен, төгүлөөрүңө, чачылаарыңа аз калган тура. Келген жолуңа түш, жетелей келгениңди ала кет, - деп жолуна салат.

    Кудай таалам ошол жылы кышты өтө катуу жут кылат. Өмүрзактын түмөндөгөн малы ар сайда кырылып, короосу жайдак калат. Ал тургай үрүп чыгаар ити да калбайт. Аргасыздан Жыргалаңдын боюндагы бай орустун каз-өрдөгүн багып жан сактайт. Мына батага кесирлик кылгандын кесепети.

    Элдештирүү

    Илгери Бугунун эки тукуму Арык менен Белек нааразылашып, бирин-бири чабышууга камынат. Чатак күчөгөндөн күчөй берет. Эки уруунун чатагын кантип басууну ойлонуп, ары кетишет, бери кетишет. Акыры Сарт акеге келишип, кеңеш сурашат. Сарт аке Белек уруусуна барардан мурда Тилекматты, Токсобаны, Солтонкулду чакырып:

    - Биз улуу журтпуз тирешүүчүлүктөн кутулбасак болбойт, тиги Белектин 105 жашка чыккан аксакалы төшөк тартып калыптыр. Аттанып барып, абалын сурап кайталы, кандай дейсиздер, - деп суроо узатат.

    - Эң жакшы болот Сарт аке, бул эң чоң адамкерчилик, - дешет баарысы. Ошентип, Тилекмат, Солтонкул, Токсоба, Сарт аке болуп Белектин 105 жаштагы сыркоону көргөнү барып калышат. Бардыгы босогону аттап кирээри менен аксакал карыя төшөгүнөн, ордунан козголуп, баласын чакырып:

    - Буларды кудайым өзү айдап келиптир, чакырып келтире албаган коноктор. Тур, тайыңа бата тиле, - дейт.

    - Карыянын сөзү менен тай союлуп, конок болушат. Чатак туурасында эч сөз болбойт. Сарт аке карыяга:

    - Ава, эми биз кайталы. Мындан ары көрүшөбүзбү, көрүшпөйбүзбү аны кудай таалам билет. Арык, Белек тукумунда сизден көп жашаган карыбыз жок. Эки уруунун балдарына батаңызды берип койсоңуз, - деп кайрылат.

    - Уучуңар узарсын! Жараткан ынтымак берсин, эки элдин ортосунда муздак жел жүрбөсүн! Оомийин, - деп бата кылат. Бардыгы батага кошулуп алакан жаят.

    Ошентип, эки уруунун жакшылары өз-ара сөзгө келишип, элдин ынтымагын бекемдеген экен.

    Мүсүргө бата

    Сары-Өзөн Чүйдөн Мүсүр деген жаш манап жигит Сарт акенин дайнын угуп, ат арытып, сапар карытып келип калат. Ал Сарт акенин үйүндө беймарал конок болуп отуруп: - Аке, Ысык-Көл берекелүү, жер соорусу деп мактап калышат. Эл айткандай эле бар экен. Көз жоосун алган, кумардан чыгарган кооз тура. Бул жерде чыгаан байлар болсо керек?- деп, сурап калды. Анда Сарт аке:

    - Мен билгенден үч-төрт эле бай бар. Аларды санап берейин: Тилекмат чечен – анын жети аялы, 18 баласы бар, эң чоң бай ошол. Арык тукумунан Сарыкенин -13, Коңураттан Карабектин - 12, желдең Карганын - 11 баласы бар. Байлыгыбыз ушулар, себеби башы өскөн адамдан ашкан бай болбойт, балам. Өрүшү малга толгон байлар түбөлүктүү эмес, бир кыштык. Пейили кенен, бар-жокко карабаган бай болот. Малды күтсөң, пейилди да кенен күт, ошондо телегейиң тегиз бай болосуң. Эми балам сага бата берип коёюн.

    - Балам, турмушка моюн тозгон - абзел иш. Толсоң – бөксөрбө, чайпалсаң - төгүлбө, узарсаң - кыскарба, өмүрүң текке кетпесин, сөзүң сая кетпесин, Аллах-Таалам өмүрүң менен пейлиңе береке берсин! Оомийин! - деп, алакан жайып жүзүнө тартты. Киндик кан тамган жерге

    Киндик кан тамган жер - мисир. Анын топурагы - алтын. Быйыл менин кайтарым келди. Балдар жаз алды менен Сырт өрөөнү менен Нарынга көчкүлө. Иши кылып, конуп-түнөп, берекелүү жерлерге өргүп, жай көчүп баргыла, балдарым! - деп, Сарт аке бүтүмүн чыгарды.

    Сырт бетине Кичи-Жууку ашуусун ашып, Бордуга (азыркы Кумтөр) өргүшүп, Ак-Белди ашып, Кара-Сайга түшүп, анан Кызыл-Эшме, Кыргоодо жайлап, Кара-Каман, Балгартты басып өтүп, эски Нарынга жетишти. Киндик каны тамган жерге аман-эсен келишти.

    Сарт акенин көчүп келгенин угушкан ага-туугандары, кудасөөктөрү, атын уккандар ат тезегин кургатпай өрлүктөп келип турушту. Сарт аке Нарын өрөөнүнүн бардык бурчунан, койчу деги ат жеткен бардык жердегилерди чакырып, колдон келишинче коноктоп, сыйлап жаңы гана узатышкан.

    Сарт аке балдарын чакырып: “Баш-аягымды тарткыла”, -деп кийимдерин чечтирбей, башына бийик жаздап койдурат да:

    - Балдарым, ала жипти аттабагыла, ушак айтпагыла, бирөөгө кара санабагыла, ак жашап, ак өмүр сүргүлө, - деп кыска осуятын айтты. - Менин сөөгүмдү Теке-Секирикке койгула. Ит өлтүрбөгүлө. Мунун купуя сыры бар, мени колдоп жүрүүчү кара дөбөт эле, дептир. Жаңы гана сапарга чыккандар ызы-чууну угуп, кайра өкүрүп келишет да, Сарт акени жайына биргелешип койгон экен.

    Биз бул эскерүүлөрдү Сарт акени дөөлөс уруусунан деп жаздык. Ал эми айрым санжырачылардын айтымында башкача айтылат.

    Илгери Алтайда дөөлөстөр жашаптыр. Замандын оомалуу-төкмөлүү турмуштун кесепетинен караөзгөй душмандан бөлүнүп Ноокатка ооп келишкен экен. Ошондо Дөөлөстүн эки уулу болуптур, алар мыктылардын мыктысы болуп өсүшкөн экен. Дөөлөстүн Толуман уулунан тогуз бала төрөлөт. Алар тың чыгышат. Балдардын эң кенжеси Чулум намысты колдон чыгарбаган көк жал экен. Чулумду жергиликтүү хан өлтүрүүгө ниеттенгенде атасы Ысык-Көлгө, Алсейитке баш калкалоого жөнөтөт. Ал Көлгө келип, Алсейиттин балдары менен бир атанын балдарындай камыр-жумур өсөт. Алсейиттин бир баласы болуп, ата-бала болуп калышат. Айтор, Чулумкашка деп даңкы алыска тарайт. Ошентип, көлдүк дөөлөстөр Жаманкул, Бапанын тукуму болуп эсептелишет. Түпкү теги да дөөлөс болуп калат.

    Сарт акенин насилдеринен

    * Элине пайдасы жок адам, тирүүнүн өлүгү.
    * Кара жер – бир казына, калың эл – бир казына.
    * Колуңдагы камчыдан кыйын курал жок, койнуңдагы ка- тындан өткөн тууган жок.
    * Бул күнү катындын күлү күйүшпөйт.
    * Балдарым, заманды таанып жашагыла, тааныбасаңар адашып, азаптан арылбайсыңар.

    * Аска-аска аска тоо,
    Аягы барып чап болот.
    Атадан алтоо болсо да,
    Сыйлашпаса жат болот.
    Мыкты чыкчу жарандын,
    Сүйлөгөн сөзү так болот,
    Өзүнө өзү сак болот,
    Иштеген иши ак болот.
    Башына таалай бак конот!

    ТИЛЕКМАТ АКЕ - СӨЗ АТАСЫ (1800-1863-жж.)                       (Мазмунга)

    Сөз чебери, тубаса элчи Тилекматтын түпкү теги санжырачылардын терең чечмелөөсү боюнча Жылкыайдардын өз атасы Алымбек – Жылкыайдар – Тилекмат. Ал эми көлдөгү Бирназардын тукуму болгондугу мындай. Бул чоң уруулардан тараганы: Долон – Акуул – Тагай – Кылжыр – Орозбакты – Мырзакул – Алсейит – Жамангул – Белек – Алдаш – Бирназар – Жылкыайдар – Тилекмат.

    Санжыранын түрмөктөлгөн түйүнүн чечип аңтарсаң көп элестүү окуяларга аралашасың. Санжырачылардан тышкары окумуштуулардын эскерүүлөрү, жазгандары ар кандай варианттарына көңүлүңдү оболотосуң. Мен көптөгөн санжырачылардан уккандарымдан, Кытай Эл Республикасынын белгилүү манасчысы, санжырачы Жусуп Мамайдын жазгандарын окуп чыксам, Тилекматтын түпкү теги, уругу чериктен, башкалардыкы түштүктөн болуп чыгат. Ага макул болгонубуз менен Тилекматтын киндик каны тамган ыйык жери Ысык-Көл, демек каны-жаны биздики деп ачык айтсак эч күмөн болбойт. Эми ар кандай булактардан алынгандардан кыскача баяндап берейин.

    Бирназар келинин алганда

    Көлдүктөр жыл сайын Анжиянга мал айдап барып, сатып, пулдап турчу. Бирназар бул жолу да Анжиянга барып, кайтып келе жатып, Борсок бийдикине түшөт. Ал Боорсок бийдин кызына куда түшкөн. Мен бул жерде чилешкен окуянын даана, так болушу үчүн кайсы булактардан пайдаланганыма көңүлүңүздөрдү бурайын.

    Кытай Эл Республикасынын санжырачысы Жусуп Мамай Жылкыайдардын түпкү тегин Какшаалдан бери чубап келип: “…Жылкыайдар кандай болуп Бирназар байдын жетегинде чоң болду. Жылкыайдар черик болуп турса баласы Тилекмат кандай болуп белек болушу мүмкүн деген суроо туулду”, ошентип аны чечмелеп («Кыргыздар» 3-том, 1996-жылы, 6-9-беттер) келип, бугу Бирназар бай Анжиянга барып, Сары бийге жолугуп, таанышып, Сары бийдин жалгыз кызы Турнага куда болот. Сары бий токол алыптыр, андан эркек балалуу болуптур. Бирназар бай келинин алганы келет. Ошондо Сары бийдин улуу байбичеси Обуген токолун күнүлөп, балага бир жарым жашка чыкканча ат койдурбайт. Кызын аткарып жатканда баланын энеси Топчуну баласы менен кошо жөнөтүптүр. Ошентип, Турна Топчуну өзү менен бирге алып келет, баланы Бекназар эрке багат. Ал эми Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл университетинин профессору Акеш Иманов өзүнүн «Мойт аке, Сары аке, Тилекмат чечен» деген китебинде Тилекмат акенин түпкү тегин жети вариантта мисал келтирип, башкача чагылдырат. «Ар түрдүү варианттарда айтылган санжыраларда Күмүшай эненин кош бойлуу учурунда Боорсок бийдин колуна кандайча келип калышы жөнүндө мен атайын токтолгон жокмун. Бул эпизоддо деле ар башка айтылганы менен, өзөгү окшош: негизинен, боюнда бар кезинде качып келе жатып, кечкурун жылкы четинде жүргөнүндө түнкү күзөткө келген Боорсок бийдин жылкычыларына жолуккан болот. Качкын келин Боорсок бийди таякем деп айтканда, жигиттер бийге алып келишет… ” (А. Имановдун аталган китеби, 145-бет)

    Мындан тышкары көл кылаасындагы санжырачылар Бараканов Акун, Иманов Давлетказы, Жетимишбаев Кален, Мамбетсейитов Абдыш, Жылкыбаев Апыш, Ысык-Көл районунан Эсенканов Шүкүрлөрдүн айтымындарынан иргеп алып, жазууга туура келди. Окуянын чиелешкен түйүнү элде көп айтылганын сүрөттөп баян кылайын.

    Кайын журтунан качып чыккан келин түн пардасын тартып калган чакта сууну кечип бара жатканда аты мүдүрүлөт. Колундагы баласы бешик менен сууга ыргып түшөт. Ошондо жардамга келгендер суу бойлоп чапкылашканы менен таба алышпайт. Келин Боорсок бийдикине барганы менен жаны жай албайт. Келин түн бою боздоп ыйлап чыгат.

    Боорсок бий таң заарынан туруп, айылдын жигиттерин ээрчитип, бешиктеги баланы издеп жөнөйт. Алар менен кошо келин да барат. Чоң суунун боюндагы уңгул-чуңгулду, коңулдарды карашат., эч табылбайт. Боорсок бийдин көзүнө суунун дал ортосундагы сайроого, анын ортосундагы талга түшөт. Абайлап карай салса, андан бир марал чыгып, сууну кечип жүрүп кетет. Талдын түбүндө агарган нерсени байкай коюп, барса бешик экен. Бешиктен кандайдыр буу чыккандай сезет. Караса баланын оозу сүт, боргулданып тердеген. Марал эмизгенин билет. Баланы алып, келинге берип, Боорсок бийдин үйүнө келишет. Бирназар бир айдын аралыгында келип, өзүнүн келинин алып кетүүгө келет. Эки-үч күн өргүп, той өткөрүп, анан аттанууга мезгил келет. Ошо арада Боорсок бийдин байбичеси ичи тарып, кызганчаактыгы күчөп, ниети бузулат. Анткени, Боорсок бий келинге көзү түшүп, өзүнө нике кыйдырсамбы деген үмүт бар экенин байбичеси сезет. Ал кызынын кулагына бекем түйүп:

    - Сен эч нерсе сураба, эгер атаң аларың эмне ошону айт деп сураса, тиги келинди баласы менен бериңиз де. Менин колума кол, бутума бут болуп жеңилимди жерден, оорумду жондон алган жөлөгүм болсун, - деп айтууну үйрөтөт.

    Ошентип, Боорсок бий кызын узатаарда:

    - Кызым, каалаганың эмне, алаарыңды алгын, - деди атасы.

    - Ата, мен башка бирөөнүн бүлөөсү болгону баратам. Айымжан менен жыт сиңишип калдым, колу-бутум узарат. Баласын ини кылып алайын. Башка эч нерсенин кереги жок,- дейт.

    - Кызым туура айтат. Бөтөн элде, бөтөн жерде жүдөбөй. Тиги келинди баласы менен узатып кой. Буга куда да каршы болбос, - дейт, Боорсок бийдин байбичеси.

    - Кудагый туура айтат. Кошуп бериңиздер, каршы эмесмин, - дейт Бирназар.

    Боорсок бий ичинде түтүнсүз күйсө да, аргасыз макул болуп, келинди баласы менен кошуп жөнөтөт.

    Бирназар бий айылына келип, келин менен баланы өгөйлөбөй өстүрө берет. Арадан аз убакыт өткөндөн кийин келинге нике кыйдырып алат. Баланын аты Айдар эле, ал он үч жашка чыкканда тирикарак, ар нерсеге шыктуу зирек, чыйрак, эмгекчил, аракетчил- мээнеткеч экенин баамдап, молдо чакыртып Айдардын атын Жылкыайдар деп койдурат. Ошондон тарта жылкы багат. Жылкычылардын арасында чоң абройго жетет. Жылкылары текши эттүү, семиз. Ар дайым таң куланөөк салганда жылкыларды жайыттан айдап, күн нуру жер бетине тегиз чачыраганда желеге келип, кулундар текши байланат. Ошондой күндөрдүн биринде кулундар байланганы менен Жылкыайдар жок.

    - Ага эмне болду? Мындай жоругун көргөн эмес элем, - деп Бирназар байбичесин карайт.

    - Бээлер да күндөгүдөй тынч. Жумушу чыгып кетсе керек, саан жакындайын деп калды. Байбичеси көнөчөгүн каруусуна илип алдыга басты. Байбичеси бирдеме дегендей болгондо, үнүңдү чыгарба деп белги берип, Бирназар колун жогору көтөрүп булгалады акырын. Байбичеси эмне болуп кетти деп ээрчип барса, желенин ары жагында Жылкыайдар чалкасынан жатып, эки колун өйдө көтөрүп, бири-бирине тийгизе албай жатат. Бирназар чочутуп ойготуп албайын деп карап турат. Бир маалда Жылкыайдар уйкудан ойгонуп, маңдайындагы атасын көрүп, өйдө болду.

    - Балам эмне мынчалык катуу уктадың? Эки колуңду бириктире албай жаттың, түш көрдүңбү? – деп, атасы.

    - Түндө карышкырлар жайыттан жылкыларга тиймекчи болгондо, алардан коргоп жатып уктаган жок элем. Таң куланөөктө кулундарды желеге байлап салып, кыйшайып кеткем, анан катуу уктап түш көрдүм. Көлдүн эки башында эң сулуу көк теректин башын бириктире албай абдан убара болдум. Акыры теректердин башын бириктиргенде чочуп ойгондум. Көзүмдү ачсам сиз маңдайымда турупсуз, - деди Жылкыайдар.

    - Балам түшүң кут болсун, бирок аны эч кимге айтпа. Тиги боз бээни үй жакка алып бар, - деди Бирназар жылкычыга. Ал баласын өз балдарынан жогору баалап, эч качан басынтып, шагын сындырбаган. Бээни жара тартып, элди чакырып, түлөө өткөрүп, түштү жорутуп бата алды. Батасы ката кеткен жок. Жылкыайдарды үйлөндүрүп, энчисин берип, бөлүп койду. Ал атасы Бирназардын ураанын чакырып, анын мыкты тукумдарынын бири катары өстү, өнүктү.

    Бирназар бий Жылкыайдарды үйлөнткөндөн учкай кеп. Жылкыайдарга Бирназар жигиттерин кошуп, кыз тандоого жиберип:

    - Балам касиеттүү Көлдүн күнгөй-тескейин кыдырып, кызыл тебетейинен чоң манаптарына чейин кабар алып, кызын тандап, жакканын мага билдир. Калыңы чоң экен деп айныба, жактырганыңды алып берем, - дейт. Баласы атасынын сөзүн эки кылбай, көлдүн менменсинген байларынын түтүнүн түрө кыдырат. Эч кимиси жакпайт. Алар Барскоонго келгенде анча чоң эмес үйгө туш келишет. Үйдөн аякка толтура суусундук көтөрүп бир кыз чыгат. Жигиттер аякты бат-бат бошотот. Кыз жайдары улам толтуруп ташып келе берет. Жигиттер кызга ыраазы болушуп, кайтаарында:

    - Атың ким , - деп сурашат.

    - Атым Шекер, - деп жооп берет. Жигиттер жүрүп кетет. Жолдо келатып Жылкыайдар жолдошторуна:

    - Балдар , мага ушул кыз жагып калды, алсам ушул кызды алам.

    - Жок болбойт, - деп каршы чыгышты жигиттер. Анткени биздин баамыбызда жакыр жашагандардын кызы окшойт. Атаң байдын же манаптын кызы болсун дебеди беле? Атаң эмне дээр экен?

    - Бул кыздан жакшы тукум чыгат. Атам кайда качмак эле? - дейт Жылкыайдар. Шекердин түпкү теги жакшы. Шадыкан ажынын туугандарынын кызы экен. Ошентип, Шекерди алып барат. Жылкыайдар төрт уулдуу болот да туну - Тилекмат. Энеси Шекер оо дүйнө салганда, Тилекмат атасына экинчи аял алып берет. Андан бир уулдуу болот.

    Тилекмат чечен атыккан

    Ошол доордо кыргыз-казак ирегелеш, босоголош жашап турушкан. Аш-тойдо бардыгы оюн-зоок өткөрүп, намыс талаша, элинин даңкын, баркын көтөрүшчү. Казактар сөзгө чебер келишип, кыргыздарды басмарлап, баш көтөртпөй намысын алдырып коюшкан.

    Бир жолу Каркырада чоң бай казак той берип калат. Бүт кыргыз журтчулугу чакырылат. Казактар сөзгө чебер болушуп, төрүн сөз билги, ак таңдай, “кадырман” аталган карыялар ээлеп, кыргыздар иреге тараптан орун алып калат. Ошондо төрдөгү казак карыя кыргыздарды келекелеп, сөзгө чортон, билерманы жок деген тагиликте табышмак берип, кыргыздын айласын кетирип, беделин түшүрөйүн деген насилде мындай сөз баштайт.

    - Кудай Таалам сүйлө деп тил берсе, көр деп көз берсе, бас деп бут берсе, ук деп кулак берсе, карма деп колду берсе буларды жакшы пайдалана албай, боордош кыргыз туушкандар аты бар заты жок болушту, салтты билбеген кыргыздар аман эле болгула, деп мурутун чыйрат, чыраят. Айрымдары карыяны коштоп:

    - Оо булардан кеп чыкмак беле, талкан сугунуп алышкандай”, - деп кемсинтишет. Баягы сөз баштаган карыя ордунан обдула, өтө эле менменсине отургандарга:

    - Мен көргөндөрдөн баштайынбы, же уккандардан баштайынбы? - деп, суроо узатып калды.

    - Жок уккандан баштабаңыз, арасында уяты бар, көргөндөн баштаңыз, - дейт жанында отурганы. Казак карыя төрдө бутун сунуп, чирене отуруп, ой түрмөктөрүн чечмелеп жаткандай:

    - Мен бул дүйнөдө өлбөй турган үч нерсе туурасында айтып берейин. Биринчиси аскалуу зоо өлбөйт., экинчиси - агыны катуу сел өлбөйт, үчүнчүсү - чыккан күн өлбөйт. Муну эсиңиздерге бекем түйүп алгыла, - деди.

    Сөз саамга уланбады. Ошондо тунжуроо өкүм сүрдү. Казактар табалуу көз кыргыздарга карады. Ошондо иреге тарапта кыргыздардын арасында отурган Тилекмат:

    - Буга мен жооп берейин, -деп ордунан козголду. Ал сөз учугун мындайча улады:

    - Оо, аксакал! Аскалуу зооканы кар басып, калтаарып, кар алдында жатса, аскалуу зоонун өлгөнү эмей эмне, агыны катуу селди муз каптаса, асты-үстү менен жаман да, жакшы да тебелеп өтсө, муз астында үнүн угузалбай кылдырт-кылдырт этип акса өлгөнү, чыккан күндүн көзүн булут каптап, жарыгын жерге, жан-жаныбарга тийгизе албаса күндүн өлгөнү да , - деди.

    - Ой-бой бу жигитте бар экен го, - деди алиги карыя. Ошентип казактар сөзгө мокоду. Тилекматтын чечендик, сөзмөрлүк өнөрү узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына угулат. Бул кабар Ормон ханга да жетет. Ормон менин жолума бөгөт болот, ушул таптан “сындырып” коёюн, ага жолугуп, сөз айткыс кылайын деген арам оюн топ адамдардын алдында белин бүктөп алайын деп ак өргөлөрдү тиктирип, бугу, сарбагыш, саяк урууларын билермандарын чакырат. Тилекматты өзү отурган өргөгө келсин дейт. Ормон буга чейин: “Бугу чырмак чийге сатылып келген. Муну билип алгыла, Боорсок бийге чий берип, сатып алган...” - деп Ормон каткырат.

    Бул ойдон чыккан кеп. Анткени, Боорсок бий ошончолук эле чийге зар болуп калыптырбы? Бул жеткен калп. Тилекмат буларды укканы менен териккен жок, кайра чыйралды. Болгон окуянын төгүн экенин укту карыялардан. Ошондо жалгандыгына ынанды.

    Тилекмат келген кезде Ормон эки жигити менен тогуз коргоол ойноп отурган экен. Сырттан кирген Тилекматтын саламын алик да албады. Тогуз коргоолго кызыккан түр көрсөтүп, ит келдиби, айбан келдиби дебеди. Дулдуюп ойной берди. Бир кезде:

    - Сен кимсиң? - деп Тилекматты карады.

    - Мен сиз чакырткан Тилекматмын, - деди.

    - А, андай болсо мен үч табышмак айтамын, тапкын!. Жолдун ээси ким, суунун ээси ким, сөздүн ээси ким?

    - Жолдун ээси – туяк болот, суунун ээси булак болот, сөздүн ээси кулак болот, - деди Тилекмат.

    - Кандайча? - деп кайра суроо берди Ормон.

    - Анда чечмелейин: жерге туяк тиймейинче жол болбойт, жолду катуу кылган туяк эмеспи, демек, туяк жолдун ээси. Деңиз да, көл да, дарыя да булактан жаралат, ошондуктан суунун ээси булак болот. Жакшы сөздү да, жаман сөздү да кулак угат. Кулак сөздүн ээси дегенибиз ошондон. Эми сизге табышмак айтсак болобу?

    - Болот, - деди Ормон. - 162 торпогу, 18 ую, ортосунда эки чаар букасы бар, бул эмне болучу? Ормон үндөбөйт. Бир аздан соң, “-Кана өзүң чеччи” – дейт.

    - Өзүңүз ойноп жаткан тогуз оюндун 162 корголу бар – ал торпок, эки жагында тогуздан 18 үй бар - ал уй эмеспи.Ортосунда эки чарасы бар - ал чаар бука эмеспи. Ормон үн катпай калды.

    Элдин омоктуу иштерине жараган
    Кечээ оруска элчи барганда
    Оролун таап сөз айткан.
    Кытайга элчи барганда,
    Кынтыгын таап сөз айткан.
    Коконго элчи барганда,
    Козголбостон сөз айткан.
    Чечендиги бар эле
    Ар уруктун таалимин
    Тартып алган жан эле.
    Азыр орус тушунда,
    Тилекматты кармачы,
    Жылкыайдардын Тилекмат,
    Айткан сөзү эм эле,
    Асылга артык кен эле,
    Ар адамдын тагдырын,
    Чечип жүргөн эр эле.
    (Балбай баатырдын кайтыш алдындагы айттырган керээзинен)

    Тилекматтын элчилик милдетти так аткарып, элдин омоктуу иштерине жарагандыгы жөнүндө Жети-Өгүздүк санжырачы Апыш Жылкыбаевдин айтуусунда жазылды.

    Биз жогоруда жазып кеткенибиздей, Тилекмат жаштайынан тың чыгып, чечендиги билинип, бардык калкты суктандырат. Эмесе, орошон окуялардагы Тилекматтын эрендиги жөнүндө.

    Кокон хандыгы куралданган көп колдуу сарбандарды жиберип, Көлдүн тескейиндеги бугу эли жоон моюндук кылып жатат, багындырып келгиле, - деп буйрук берет. Алар Тамга айылына келишип, жайнатып чатырларды тигип салышат да:

    - Көл бугу эли биздин карамагыбызга өткүлө, көнбөсөңөр басып алабыз, элиңерди чабабыз, күлүңөрдү асманга сапырабыз. Билермандарыңар келип жооп берсин, - деп, кабар жиберет. Боромбай мындай өкүмдү уккан соң: Кокон хандыгынын мыйзамына макулдугун аныктап келүүгө элчи деп жигитин жиберет. Алар кайтып келишпейт. Элчисиңер деп, чай беришет, ага уу кошуп коюшкан. Дагы эки жигитти жиберет. Алар изсиз, дайынсыз жок болушат. Баргандарды ар кандай ыкма менен өлтүрүп, жок кылышкан. Айласы түгөнгөн Боромбайлар чогулушуп, кеңешип, кимди жиберүүнү ойлонушат. Акыры Тилекматты жиберүүгө макулдашышат. Ошондо Тилекмат Боромбайдын аргымакчалыш боз жоргосуна келишимдүү анжиян ээрин токутуп минип, кымкап чепкен кийип, сүлкүлдөп чыгат. Ал кадимки хандай кийинип, жанына кырк чоро алып, бардыгы куралданган, күркүрөтө жолдогулардын сүрүн алган жоон топтун алдында барат.

    - Мен бугу элинин ханымын. Чакыртыпсыңар, келдим. Жылкыайдар уулу Тилекматмын. Кандай талабыңар бар, - деп өктөм сүйлөйт:

    - А Боромбай деген ким? Бизге кабар боюнча бугунун султаны Боромбай эмеспи?

    - Жок, ханы менмин. Боромбай бугунун белек деген чоң уруусунун акими. Ал өз алдынча эч нерсе кыла албайт.

    - Андай болсо бүт кыргыз жергесин, Жети-Суу өрөөнүн бүт Кокон хандыгынын карамагына өткөрдүк. Силер баш ийсеңер, өзүңөр менен өзүңөр боло бересиңер. Бизге салык төлөйсүңөр.

    - Мага ачыгын айтыңыз. Салыктын чоо-жайы кандай? – деди Тилекмат.

    - Жыл сайын түтүн башына бир кокондо, силерге жыйырма тыйындан, жүз койдон 5 кой, жүз жылкыдан үч жылкы, жүз уйдан үч уй жыйнап, аны Бишкектеги бекке жеткирип турасыңар деди Кокондук кол башчы.

    - Адилет чечим экен биз аны төлөп турууга макулбуз.

    Эки тарап өз ара макулдашылган соң, Кудаяр хандын мөөрү басылган күбөлүккө араб, кытай тилдеринде “Жылкыайдар уулу Тилекмат Көлдөгү бугу элинин ханы” - деп жазылган эки тилдеги күбөлүктү тапшырат. Чен тон жаап, салтанаттуу узатат. Тилекмат келгенден кийин Муратаалы бий ичи тардык кылып, “кулга чен тон жарашпайт” деп тартып алат. Тилекмат хандык күбөлүктү айтпайт жана көргөзбөйт. Үйүнө, сандыкка бекем каттырып коёт.

    Арадан көп убакыт өтпөй кытай бийликтерине доо арыз түшөт. Анда мындай деген жалган жалаалар бар. “Кыргыз уруулары ханы жок өз билгенин жасашат. Көбүнчө уурулук кылышат. Башка бирөөлөрдүн малын уурдап кетип, ошону менен күн көрүшөт. Буларды баш көтөргүс кылыш керек. Антпесе залалы тиет, ”- деп Кытайдын Үрүмчүдөгү башчысын ынандырышат. Өзгөчө көлдүк кыргыздарды мокочо, түп аталарынан бери жамандап жазышат. Ханы жок, башы жок эл деп, аларды жок кылгыла деп өтүнүшөт.

    Жалган ушакка ишенген башчы аскерин топтоп көлдүн өкүлүн чакыртат. Бу сапар да Боромбай менен Муратаалылар алактап, айлалары кетет. Ары кетип, бери кетип, дагы Тилекматты жиберүүгө токтолушат. Тилекмат элин ойлоп барууга бел байлайт. Мингени Боромбайдын жарак-жабыгы менен ээр-токуму, жоргосу, кийгени баягы кокондуктардын чен тонун кийип, жанында курал-жарактуу кырк жигит алып, мына ушундай сыяпат менен Тилекмат болжошкон жерге барып, колундагы бугунун ханы деп жазылган күбөлүктү жана түшүнүк катты көрсөтүшөт. Күбөлүк жана түшүнүк катты окуп чыккандан кийин оёз кара калмактардын шаңыясын, бектерин маңдайына чакырып, кыргыздар жөнүндө жалган жалаа жазылган деп ачуусу менен баарын кууп жиберет. Тилекматтан кечирим сурап, кымбат баалуу баш кийим кийгизип, сый менен Тилекматты узатышат.

    “Барган жердин баарында эле ишти так бүтүрүп, ал тургай чоң сыймык менен кайта келип “бу кулуң кутура турган болду го” деп арык, белектердин кулак-кужурун алган көрө албастыгы күчөп, тынчтык бербейт. Булардан алыс болбосом болбой калды деп Тилекмат Текеске көчүп кетет.

    Арык уруусунан Табынтай аттуу адамды белек тукумунун балдары өлтүрүп коюшат. Эки туугандын балдарынын арасы жаман болуп, кун доолашуу күчөп, ошондо белектен чыккан баатыр Олжобай бир тууган боло албайт турбайбызбы деп таарынган бойдон Кытайга ооп кетет. Кытайда Олжобай кадыр-баркка арзып, таш сайынат. (Бул мансаптуу, кадыр-барктуу деген белги). Олжобай ажалы жетип, жарык дүйнө менен кош айтышат. Анын уулу Токсоба атасынын ташын сайынат. Кытай чек арасынан кирип, жер өлчөп жүргөн эки орусту Токсоба өлтүрүп коёт. Алардын баштарын кесип кытайдын акими Дотайга алып барат. Ал элин чогултуп, Токсобага ыраазы болуп, тон жаап, ат мингизет да, мындан ары Токсобага баш ийесиңер деген буйрук кылат. Арык тукуму жөн жатпай Токсоба орусту өлтүрдү деген арыз менен Каракол оезуна кайрылышат. Токсоба эмне айла кылаарын билбей, башы катат. Акыры Тилекматка барып, акыл сурайт:

    - Оез сени күнөөгө тартат экен, Ал сага - эки орусту өлтүргөнүң ыраспы деген суроо берет. Сен өлтүргөнүм ырас дегин. Сиз урматтуу оез сиз бийликтин башында туруп, мен сиздин алдыңызда болсом, сиз мага иш аткарууга буйрук берсеңиз аны аткарбай коюуга менде чара жок. Так ошондой жол менен Кытай бийлиги буйрук кылды, мен аткардым, - деп жооп бер, деген акылын үйрөтөт. Бул жооп менен күнөөңдөн кутуласың, сени оезго жардамчы кылат, аны сен мага бер. Бугу эли мени киши катары санашпай койду. Менин Маке деген кызым бар, ошону берейин дейт. Токсоба ушунчалык семиз экен, анын белиндеги курун төрт киши араң курчачу экен. Ал оёзго барганда анын эшигинен кыры менен зорго кирет. Отурганда төрт стулга араң батыптыр. Оёз бардыгын угуп, калыстык кылып, Тилекматтын акылы туура чыгып, чен тон жабат. Аны Тилекматка берет. Арадан алты айдан кийин гана оездун жардамчысы болуптур.

    Элчиликтин шарданы

    Тилекмат Текесте эл-журту менен турган чакта көлдөгү бугу элине суук кабар келет. Сарбагыш уруусу кол курап, бугуларды чаап алышат экен. Сарбагыштан Шамен баш болгондор жардам сурап казактын Тезек төрөсүнө барышыптыр. Бул кабар угулгандан кийин Боромбай кандай айла табаарын билбей Сарт акеге кеңеш курушат. Ошондо Сарт аке:

    - Бул ишке бир гана Тилекмат аке жарайт, аны Текестен алдыргыла , - дейт.

    - Ай ал макул болбойт, бизге таарынып кеткен, - дейт Муратаалы бий.

    - Мени жиберди деп айтса келээр. Мага бөркүңөргө ишенгендей ишенгиле, - дейт Сарт аке. Ошентип, чабарман күн-түн жүрүп Текеске жете барат.

    Чабармандан Тилекмат Көлдүн абалын толук угуп, бугу элинин дубай саламын, Сарт акенин аманатын уккан соң, токтолбостон аттын кулагы менен жүрүп отуруп, Сарт акеникине келип түшөт. Эртеси Боромбай менен Муратаалыга барганда:

    - Элди балээден куткаруунун айласы табылбадыбы?

    - Тилеш, таппаган үчүн сенин оозуңду тиктеп отурабыз.

    - Болуптур Сарт аке, анын айласы анчалык кыйын эмес. Ошондо Боромбай менен Муратаалынын жонундагы оор жүк ыргыгандай, көздөрү умачтай ачыла түштү.

    - Эмне дүйнө алып барсаң баардыгына макулбуз. Кандай чачам десең өзүң бил, - дешти.

    - Мага эч кандай дүйнөнүн кереги жок. Мага тың, куйма кулак жигит керек. Чөнтөгүнө тай туяк салып койгула. Аттын тыңын, чаалыкпасын даярдагыла, - деди. Алар Ысык-Көлдөн чыгып, тынбай жүрүп, Түлкүлүүнү ашып түшүп, Кара-Кыяны басып, Челектин түзөңүндөгү Тезек төрөнүн төөчү карыясына барды. Ага бир жамбыны тартуу кылып, сөзгө ийитип, төрөгө кантип жолугуунун жолун сурап билди.

    - Силер Тезек төрөгө оңойлук менен жолуга албайсыздар. Бир гана жолу, ал таң эрте даарат алат. Даарат алып бүткөндөн кийин ыгын таап жолуксаңыз болот, - дейт төөчү карыя. Таңга маал Тезек төрөнүн алдын торой:

    - Төрөм, сизге бир аманат бар, ошону айтып калайын деп көлдөгү бугу уруусунан келдим. Элибиз түп көтөрө Кытайга көчүүгө камылга көрүшүүдө.

    - Аманат болсо айт, ал кандай аманат?

    - Төрөлгөндө атын Төрөтай деп ат койгон бугу элинин сизге арнаган кызы бар. Ошону алып калыңыз, биз көчүп кеткени жатабыз, - деди Тилекмат.

    - Сиз сарбагыштар келип отургой, согон не айтаар эдиң, жүйөлөшөсүңбү?

    - Жүйлөшөмүн. - Жүрүң. Тилекматты ээрчитип, өргөөгө жетээри менен “кириң”, деп эшик ачылганда шып кирип, түз эле төргө өтүп отуруп калат. Шамен, Үмөтаалы, Байтеректер:

    - Каражой келген тура, - дешти.

    - Төрөм, бул канкор кулдун төргө отурар акысы барбы? Кул менен сүйлөшпөйбүз, - дешет.

    - Неге сүйлөшмөйсүң, колунда мөөрү басылган тил каты тургой. Сендер Ормон ханды өлтүргөндөрүң ыраспы?

    - Өлтүргөнүбүз ырас, - дейт Тилекмат.

    - Анда неге кун төлөмөйсүңүздөр?

    - Ханга кун жок, төрөм.

    - Кандуу моюндун айтып турганын кара, - деп Шамен жарылып кете жаздады.

    - Төрөм, хандын куну не болот? - деди Тилекмат.

    - Хандын куну тогуз эрдин башы болот.

    - Ар бир эрдин башы не болот?

    - Ар бир эрдин башы үч жүз жылкы болот.

    - Ак сөздү айттыңыз төрөм, сиздин аталарыңыз Кененсары менен Ноорузбайды өлтүрүп, башын кесип, канын ичкен, каруусун жерге казык кылып каккан ушул Үмөтаалылар кандуу моюн болбой, мен кандуу моюн болуп калыптырмынбы? Төрөм, сиз ушулардан аталарыңызга кун алган болсоңуз, мен да кун төлөйүн. Муну уккан Тезек төрө Үмөтаалыларга:

    - Аке, шешеңди... качырларыңарды айдап алып келген жолуңарга түшкүлө! - дейт. Тезек төрө жалгыз Тилекмат менен калганда:

    - Эй каракыргызым, жан айласын кылып, кызыңды бетиңе кармап келген экенсиң, энди со кызыңды бересиңби? – дейт.

    - Хандын сөзү эки болсо болоор, каранын сөзү эки болбойт, төрөм.

    - Ой, вай ов, атың да кара жой экенсиң го. Овзуңдан сөз качып кутулмайды, бугу элинин бактысына сени Жаратканым жаратып берген экен, ыраазымын, энди барайын, - деди Тезек төрө.

    Тилекмат жанындагы бала Карачты чакырып:

    - Боромбайга барып айтасың, Алдаяр Стамбектин үйүн Сарытологойдун чоң бетиндеги түзөңгө көз тайгылткан ак өргө кылып көтөрсүн. Алыбай уулунун бүт жылкысын жайылтып койсун, коёндой окшош боз үйлөрдөн кырка коюп, бута атым аралыкка күйөө барып кире турган жүз баштуу үй көтөрүлсүн. Төрөтайды кыз кылып жасап, аны тегеректеп турган кыздар болсун. Биз он беш күндө барып калабыз, - жөнөгүн деп, узатты (Төрөтай Стамдын кызы).

    Тезек төрө келип өргөгө киргенде беш көкүл чачы өрүлгөн Төрөтайды көргөндө артында ээрчип жүргөн казак жигит:

    - Ой, пай ов, кыз, кыз жан экен, биракта ак кулак. (Илгери аялдар чачын көрсөтпөй, жоолукту ээгине байлап жүрүшчү тура. Ошондон улам жаагы, кулагы күн көрбөй ак-куба тартып турчу. Кыздар тебетей кийип, кулактары күнгө күйүп, кыпкызыл болуучу).

    - Бас оозуңду, 300 жылкы берем. Колуна тай туяк жамбыны кармата салып, казактын оозун Тилекмат бекем кулпу салып таштады.

    Тезек төрө Төрөтайды кошуп, чоң урмат-сыйга бөлөп элине кайтты.

    Сарбагыштын чабуулунан бугу элин аман сактаган Тилекмат өлгөндө:

    Казга салган кашка тынарым,
    Кайдан билдим катыгүн,
    Кудайымдын мындай кылаарын
    Усталарга табылбайт,
    Болот темир курчтайым
    Мүнүшкөргө табылбас,
    Бозум түлөк куштайым,
    Ашуусу бийик белдейм,
    Агыны катуу селдейим,
    Элге эми табылбайт,
    О, Тилекмат, сендейим! - деп, Сарт аке озондоп өкүрүп түшкөн экен.

    Тилекматтын мурас насилдеринен
    • Аманатка кыянат жасаба, бирөөнүн дүнүйөсүнө көз артпа.
    • Өзгө, жатка жакын бол, арамдыктан алыс бол.
    • Элине жакшылык кылбаган, пайдасын тийгизбеген адамдын – барынан жогу.
    • Суучулдун өлүмү – суудан.
    • Мергендин өлүмү – тоодон.
    • Хандын өлүмү – ага-туугандан.

    САДЫР АКЕ – ЧЫНДЫКТЫН ТУУСУ (1821-1905-жж.)                       (Мазмунга)

    Көлдүк акелердин ичинен Садыр аке өтө оор жана чиелешкен түйүндүү маселелерди кара кылды как жаргандай чечип, ийге келтирчү экен. Ошондуктан акенин небереси Шүкүр Эсенкановдун райондук гезитке 1993-жылы 16-июлда жазган ыры менен баштасам дедим:

    Касиети зор экен

    Саяк Садыр аке,
    Аскасы бийик зоо экен,
    Агыны катуу сел экен,
    Ашуусу бийик бел экен,
    Айткан сөзү ок экен,
    Бул өңдүү адам жок экен,
    Саябалуу бак экен.
    Сапаты артык шер экен,
    Кара кылды как жарган,
    Калыстыгы бар экен,
    Усталарга табылбас,
    Болот темир курч экен,
    Мүнүшкөргө табылбас,
    Бозум түлөк куш экен,
    Айткан сөзү кайтпаган,
    Тилинде сөөлү бар экен,
    Каарына калган адамды,
    Ошол замат жок кылган,
    Касиети бар экен,
    Казак-кыргыз элине,
    Калыс болгон жан экен.
    (16.07.1993-жыл. «Ысык-Көл оттору».)

    Ооба, так сүйлөп, бетке айтканы менен айрымаланган чындыктын туусу болгон кереметүү инсан.

    Теги: Саяк – Сарык – Каба – Шыкмамат – Кудаш – Кожояр – Жолболду – Садыр.

    Балалыктан акеге чейин

    Садыр акенин балалык күндөрү жылкычылык менен өтүптүр. Ал Нышанын жылкычысы экен. Ныша Шапак баатырдын тукуму, жаштайынан эмгек менен өскөндүктөн өтө зирек. Атасы Жолболдунун көкүрөк кенжеси болсо да өзүнөн улуу үч агасын урматтап, сыйлап туруучу, алардын айткандарын эч качан эки кылчу эмес. Өзүнө эң жакын агасы Балык акылдашы, сырдашы жана оокаты бирге боло турган. Мына ушундай күндөрдүн биринде жоокерчилик замандан тынч заманга өткөн кез келет. Бул жөнүндө жазуучу Акмат Карыбай уулу, журналист Ишенбек Жунушев, карыя жазуучу Токтобай Сыдыковдор кеңири баяндап жазышкандары бар. Алардын калемдеринен жаралгандарынан эскере кетелик.

    Садыр жылкычы, Белек, Арык тукумунун жылкысын багат. Нөшөрлөгөн жаанда, борошологон кар тозоңунда, мээ кайнаткан апталарда жылкы четинде, кайратман мээнеткечтердин ичинде. Турмуштун оор сыноосунан Садыр чыйрак, бүйрө, сергек, зирек жана ар нерсеге баамчыл сапатка татыды. Байдын жылкысын аман, семиз асыраганы менен элинин тагдыры басса-турса оюнан кетпеди. Буга себеп орустар топ-тобу менен көчүп келишип, суу баскан мыкты жерлерди ээлеп алышууда. Көл калаасындагы элибиз өздөрүнүн ыйык жерлеринен ажырап, таруудай чачыраган, ар кайсы чөлкөмдөрдө баш маанектеп, өмүр кечиришүүдө деген ой эсинен эч чыкпайт. Так ушундай ойлордун торунда кыйналып жүргөндө көлдөгү Арык, Белекке болуштук шайлоо болуп, Балбайдын оң колу, мыкты жигити Нурдөөлөт шайланып калды. Ал жалпы журтчулукка терең ыраазычылыгын билдирип, болуштук мандатын алып, артынан элди ээрчитип, Кичи-Өрүктүгө келип, ошол жердеги Калмак-Дөбөгө чыгышып, мындай бүтүм чыгарат. Бул жазуучу Акмат Карыбай уулунун «Садыр аке» деген китебинде даана көрсөтүлгөн.

    Дөбөгө чыккан Нурдөөлөт белинен курун чечип, найзасын жерге матыра сайып, «Жер чеги учкул, куу найзанын доору бүттү, - деп айтылат китепте. (7-бет) - Итче кабышып, карышкырча кармашып, алышып жүрүп чарчадык. Мындан быягы Күрмөнтү, Ой-Тал, Түп, Кара-Талаа, Жыргалаң, Талды-Суу, Каркырага чейин Белек ата, сенин жериң, быягы Өрүктү, Таштан, Кичи-Ак-Суу, Чоң-Ак-Суу, Корумду, Долоноту, Кой-Суу, Чок-Тал, Тору-Айгыр, Сары-Камышка чейин Саяк ата сенин жериң», - деди. Азыркы Түп району менен Ысык-Көл районунун чек арасы ошол Нурдөөлөт баатырдын найзасы сайылган күндөн бери сакталып келатыптыр.

    Бул мезгил 1860-жылдар эле,-деп жазат журналист И. Жунушев.- Ошондо Садыр алыскы Текестен Нурдөөлөт баатырга келип, чачылган элди бириктирүү оюн билдирди.

    - Сенин оюңа толук кошулам. Өзүң Текестенсиң, Кожояр атанын тукуму канча түтүн?,-деп сурады Садырдан.

    - Өгүнү баш-аягыбызды жыйыштыралы деп санап көрсөк жүз алтымыштан ашып кетти.

    - Элдин жерин өзүнө беришибиз керек. Жоокерчилик заман жашоосун бүттү. Куу найзанын доору тамам, итче тиштешип, карышкырча жулмалашып жүрүп эмне пайда таптык. Биздин асыл жерлерибизди орустар ээлеп жатат. Орус бийликтери мени белек, саяк урууларына болуштукка шайлантты. Шыкмаматтын тукумдары Тамга, Чырак, Шалба, Кызыл-Сууга чейин чачылды. Бир гана Бектемиштин балдары мени ээрчип келишти. Сенин сунушуң өтө маанилүү. Эртерээк кам көрөлү, - деди Нурдөөлөт.

    - Мен өзүмдүн туугандарымды, Кожояр атанын балдарын Текестен көчүрүп келем, -деди Садыр.

    Кырчын жайлоосу. Нурдөөлөттүн өргөөсү тээ алыстан эле заңкаят. Алыстан жол артып, сапар карытып казактан олуя атыккан Деркембай келип түштү. Ошондо чарчап келген Садыр уктап жаткан, анда-санда эки колун жогору көтөрүп, бириктирип коет. Муну байкаган Деркембай Нурдөөлөткө ойготпо деп белги бергенин байкабай: “Садыр конок келди” деп ойготуп жиберди.

    - Бекер кылдыңыз. Жакшы түш көрүп жаткан экен, - деди. Ошентип, конок болуп, эртеси аттанарда Нурдөөлөткө: “Кечээ мен келгенде тиги жигитиңе кызыр аян берип жаткан экен. Чачылганды жыйнаган, бүлүнгөндү бүтөгөн, акыл качырбаган аяр, мыкты касиети күчтүү, колдогону бар жигит экен. Кадырлап, бапестеп ал”, - деп жолун улантыптыр.

    Садыр алгач өз эл-журтун Текестен жапырт көчүрүп келип, Корумду менен Кумбелге байырлантты. Андан соң Жети-Өгүздүн Шалбасындагы Чиркейдин тукуму Кенжебайга барды.

    - Баарыбыз бир атанын кулунубуз, жаман-жакшыга барыш-келиш кыйын экен, күңгөйгө өз ата конушуңузга көчүп барыңыз,- деди Садыр.

    - Мени жектеген эч ким жок, жылуу ордуман козгобо? – деди текеберленип көшөрдү Кенжебай.

    “Кежирге теңелбейин, кийин эсине келер...”- деп, Садыр туугандарын кыдырууну уланта берди. Тамга менен Чырактагы Олжобай менен Чоң Чарыкты ынандырды, көчүп келүүгө. Алар Тору-Айгыр, Кабырга чөлкөмүнө жайгашмак болду.

    Садыр Шыкмаматтын тукумдарын кайсы чөлкөмдө жайгаштырууну ылайыкташтырып жүргөн, агасы Балык аны чыдамсыз күтүп турган экен.

    - Кайда жүрөсүң кечигип, качан келет деп чарчадым. Жүрү мени менен, -деп, жогору бастырды. Экөө жайпак дөңдүн топурактарын шилтей башташты, дөңчөнүн үстүнө.

    - Мында эмне бар? - Садыр суроолуу карады.

    - Эмне бар экенин мен да билбейм. Бир жумадан бери сени күтүп, сенсиз көргөн жокмун, - деп Балык шырыктарды чыгара баштады. Ачыла түшкөн орго: “Кана, түшүп кара, эмне бар экенин бил!, - деди. Садыр ичине түшсө арчага оролгон таңгактардан үч-төртөө экен.

    - Мында байлык бар окшойт. Өзүң айылга барып алдуу жигиттерди алып келгин, өз ырыскыңды өзүң алгын,-деп Садыр аңдын үстүнө чыгып, Балыкты айылга чаптырды. Балык бул олжону мал жайып жүргөндө бээси бутун салып алганда тапкан.

    Садыр: “Муну качан көмгөн, эмне байлыктары болду экен?” - деп ойлонуп отурган. Үңкүрдөн ала чыккан жез чараны тегеретип, таңдана карай бергенде, капыстан келген жылаңаяк, жылаң баш баланы көрөт.

    - Оо, кимдин баласысың? Ырас болбодубу, олжонун үстүнөн чыктың. Каалаганыңды ал, - деди Садыр.

    - Аке, мен сиздин олжоңузду албаймын. Мага ушул үңкүрдүн түп жагында кутуча бар, анын ички оромосу кытай жибеги, ошол оромолду берсеңиз болот, - деди бала.

    Садыр үңкүргө кайра кирип, кутучаны издей баштады, таба албай, үңкүрдөн башын чыгарса бала жок. Садыр үңкүрдөн таптак секирип чыгып, баланы таппай калды. Бала жаңы топуракка изин таштап өзү жок. Ошондо Садыр катуу өкүндү. «Каап, жанагы бала жылаңач кыдыр турбайбы. Өзүң түшүп таап ал деп жумшасам болмок, жок дегенде колун алып, абдан дидарлашып калмакмын», деп, шап атына минип үйүнө бастырып кетти. Кийин үңкүрдөгүдөн эчтеке албай, Кыдыр айткан оромол жибекти гана алган экен.

    Мурда макулдашкан боюнча агайын-туугандар келип жатты. Бирок, Кызыл-Суудагы бокотой, барак келишпеди. Көрсө, аларга жер оолашпаптыр. Садыр тиги жаңы көчүп келген, көнүшүп калган Олжобай, Чоң-Чарыктын бийи Буланга келди. Алар Тору-Айгырга байырлап калышкан. Чайда олтурушуп:

    - Бий аке, сизге дагы өтүнүч менен келип калдым,-деди Садыр.

    - Кадырыңыз жан болсун! Кулак сизде. Кеңешип кескен бармак оорубайт эмеспи, -деди Булан.

    - Баарыбыз бир атанын кулунубуз. Тиги бокотой, барак туугандар биз тарапка жыла албай жатат. Конуш оолаштырсакпы дедик эле. Сиздер бизге жакындап барсаңыздар деген такилик.

    - Биздин деле оюбуз ошондой. Бирок, биздин эл майда жандык менен күн кечирет, кыйналып калбас бекенбиз?

    - Түшүндүм бий аке! Кары аз жерди тандап жаткан экенсиздер. Биздин конушка Корумду менен Кумбелге барыңыздар. Кудайдын жерин аямак белек. Бу чөлкөмгө бокотой, барак келишсин, - деп Садыр калыстыгын, кеменгерлигин көрсөтөт. Ошентип, булар айтылган аймактардан орун алышат. Садыр аке өзүнүн элин-эки Ак-Сууга жайгаштырышат. Бөлөкбай менен Чиркей гана Шалбаны ээлеп, келгилери жоктой. Аны Кенжебай жылдырбай жатканын айкын билди Садыр аке.

    Бөтөн элдин ичинде өгөйлөтө баштаганын Кенжебай сезбейт, туйбайт. Ошол кезде Кенжебайдын он эки жаштагы небереси каза болот. Дөөлөс, сабатар, арык, кытай тукумдары айылы менен жайлоого көчүп кетип, аза күтүүчү Кенжебайдын гана айылы калат. Муну уккан Садыр аке жүз киши менен өкүрүп барат да, көпкө басылбай ыйлашат. Кенжебай Садыр акеге келип:

    - Болду кара тон калмагым, туугандыгың билинди. Жаздан бери мен ыйлап таппаган баланы, сен тапмак белең, - деп басылтат. Алар чайга олтурушуп, аркы-беркини сүйлөшүп, Садыр акенин касиетине баа берген Кенжебай:

    - Саке, тиги Мураталынын ашында кежирлигимен көзүң кашайгыр, - дедиң эле. Ошол каргышың жетип, көзүмдү чел басты. Көч элиң менен дегениңе каршы болдум эле, минтип журтта калдым. Баарын коюп, көчүрүп ал ,- деди.

    - Эми өзүңөр көчүп баргыла, кек сактабайбыз. Конушуңар да даяр, - деди.

    Ошол жылы көчүп келишти. Чиркей уруусу Төлөйкөнгө жамаатташ Таштактан орун алышты. Бөлөкбайлар Чоң-Ак-Суу сууунун батышынан жай табышты.

    Садыр акенин бала кезиндегиден берки жүрөк өйүгөн ой-максаттарын ишке ашырып, көңүлү жайланышып, аке деген наамга да татыды.

    Оёз тайсалдаганда

    Кыргызда «Булуттан чыккан күн ачуу, жамандан чыккан сөз ачуу» деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай «өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан курт жаман» болуп, Каракол оёзунун орун басары (Султаны) Зарыпбек өз кызынын тагдырын ойлобой, мансап менен байлыкты ойлоп, осолдук ишке барган. Кызы Бурул кудалаган кайындуу күйөөсүн чанып, бир тууган жээнине, Кожояр тукумунун томолой жетимине качып кетиптир. Качып кетпей эле зордоп ала качып кетиптир. Ушундай суук кабарды көбүртүп жабыртып, очойто арызды жазып, оёзго кайрылат кыздын атасы Зарыпбек. «Жаман айгыр энесине тап» дегендей оезго жагынып, көшөкөрлөнүп, Кожояр тукуму беделимди тебеледи, зоболомду мертинтти. Болбогон жорукту жасаган эл билермандарын алдыма чөгөлөтүп бер, баш көтөргүс кыл деп Каракол оезунун кулак-кужурун алат. Мурда «Жогуңар бизде, кулдугубуз бар. Мурда эле сөөк элек, сөөк кайра жаңырды» деп эки колун бооруна алышып, башын ийип барышкан болуш Чормонду Зарыпбек үйүнүн босогосун аттатпай, келген жолуна салган. Шагы сынып, шаабайы сууп, аргасыздан Садыр акеге барышкан. «Оёз дегенин дейт, жасайм десе жасайт. Кандай айла кылабыз? Өзүңүз акыл кошуңуз» дешти. Садыр аке иштин чоо-жайын билип:

    - Оёз тынчып калбайт. «Осурбаган кыз осурган кыздын бетин тытат» болуп, өзүнүн күнөсүн билбей, өзү жагынып, жакшы аттуу болууну көздөп жатат Зарыпбек, ал оездун колтугуна суу бүркүп жатат. Чындыкты жаап-жашырып, айды этек менен жапкандай кылууда. Муну оез билбейт, билгиси да келбейт. Анын ички максаты кыргыздарды баш көтөртпөй, кың дедирбей койсом деп кымыңдайт. Не бар, не жок, кыздан өз ыктыярым менен келгем деген кат алып койгула. Чакырык келбей койбойт. Камдуу туралы, деди Садыр аке.

    Айыл ичи дүрбөлөң. Уу-дуу күчөгөн. Атасы лсултан болсо, Орозбактыны жетим, колунда жок, кедей деп жерип жатат. Эми Орозбактыны Шиберге айдатат тура. Анысы аз келгенсип, ага-тууганын да мөгдөтөт, мал-мүлкүн алат экен. Баш көтөргөндөрүн кулча иштетет». Ушундай имиш-илиш сөздөр самандай сапырылып, камгактай учту. Бардыгы мурда эле өз көлөкөсүнөн корккондордун төбө чачы тик туруп, элеңдеп калышты. Көп күттүрбөй оёздон Садыр акеге чакырык келди. Садыр аке Бурулдун катын алып, Чормон баш болгон эл башчыларын, жакшыларын, билермандарын ээрчитип, Каракол оезуна жете барды. Оёз султаны Зарыпбек менен күтүп жатышыптыр. Эми эле сур булут каарын төкчүдөй заарданган оездун түрү заматта оңолуп, булуттан чыккан айдай жарк этип, мүнөзү жумшара түшкөнүн Зарыпбек байкап, өзү да кымырынып-жымырынып калды. Көрсө, ал Садыр акенин сүрү тура. Ал Садыр акеге эки-үч жолу жолугушканын сезе салды окшойт. Муну Садыр аке камчысын бүктөбөй, сүйрөй киргенинен баамдаптыр.

    - А, келиңиз, мындай өтүңүз, - деп оез чала чалбырт кыргызча сүйлөп, орун көрсөттү. Садыр аке отурары менен:

    - Оо, урматтуу оез, сиз кыргыздын түшүн жоруюн деп калган экенсиз. Чакырткан экенсиз. Аныңызга ыракмат. Эми сизге суроо менен кайрылсам дедим эле, мүмкүн бекен?

    - Болот, тартынбай сурай бериңиз?-деди оез.

    - Сиздерде, орустарда кыздарын калыңга, же малга сатабы?

    - Жок. Андай динде да, өкмөттүн мыйзамында да каралбаган деп оез кесе жооп берди. - Тескеринче кызга сеп кошуп берет, - деп кошумчалады.

    - Андай болсо, биздин балдар орустун салтын кармайлы, орустукун уланталы десе султаныңыз Зарыпбек өз кызын калыңга сатып жатпайбы. Эмесе, кызына кошуп себин берсин? – деди Садыр аке.

    Оёз тайсалдай түштү, же Зарыпбекке, же Садыр акеге сүйлөй албай, ортодо саамга тынчтык өкүм сүрдү. Аны Садыр аке бузду:

    - Урматтуу оез, сизге кызын ала качкан жигит ага-тууганы менен кыздын калыңын мурдагыдан эки эселеп төлөп берсин деп доомат коюптур. Ошол жигит Зарыпбекке ким экен, ал жигит кимдин ирегесинде өстү экен? Ушуну сурап көрсөңүз?-деди. Зарыпбек башын көтөрө албай шылкыйгандан шылкыйды, кичирейгенден кичирейди.

    - Эмесе, урматтуу оез, султаныңыздын кызы өзүнүн карачечекей жээнине барган. Ал жигит Орозбак, Меңмураттын үйүндө жашап, өсүп, чоңойгон. Меңмурат Зарыпбекттин атасы. Эки жаш бирге өскөн, бирге чоңойгон. Алардын сүйүүсү оттой алоолонуп жанып, экөөнү сүйүү чырмаган, экөө кол кармашып, бири-бирине баш кошууга ант беришкен. Султаныңыз тиги бий Мураталыдан кудалашып, көп калың алган экен, ошол калыңды кайтарып берсин! Кызы Бурулдун себин бизге берсин! - деп Садыр аке маселени кабыргасынан койду.

    - Султан не дейсиң? - деп оез Зарыпбекке карады.

    - Сиз айткандай болсун! - Зарыпбек күңкүлдөдү.

    Ошентип, оез Садыр акенин сунушун колдоду.

    Кожояр атанын бир бутагы Орозбакты азаптан кутулду жана оездун жардамы менен старчын болду.

    Солтонкулдун ашында

    Көл кааласындагы эң бай, миң жылкылуу Сарыбай атасы Солтонкулга аш берет. Ашка алты дубандын оң-солуна түгөл кабар айтылат. Конок Кетмен-Төбөдөн, Тогуз-Тородон, Үрүмчүдөн, Алматыдан, айтор бардык булуң-бурчтан келет. Ушул аш тууралуу тымынсейиттен Актан Тыныбек уулу, саяктан Акмат Карыбай уулу жана бир нече журналисттер кеңири баяндап беришкен. Алардын калемдерине таандык кызыктуусунан пайдаландык.

    …Бул ашка кыргыздын эң мыктылары, билермандары, журт ээлери Шабдан, Байтик, Жангарач, Баяке, казактан Тезек төрө да келишкен.

    Ашты жакшы жана тынч өткөрүү жагы Садыр аке менен Кыдыр акеге тапшырылган. Сарыбай атасынын ашын кадимки Көкөтөйдүн ашынан кем калтырбай берүүнү чечип, 25 күлүккө байге койдурат. Биринчи байгеге эч ким минбеген, азоо жылкылардан 1000, экинчисине 500 жылкы коюлду. Бардык байгеге берилчү мал Каркыранын кенен жылгаларын каптап, тосмолонгон эр азаматтар көзөмөлдөп турушту. Аш башталардан мурда жарчылар аштын шарттарын, өтүшүн кабарлады. Канча күндө аяктаарын билдирди. Жарчылар аламан байге кайсы күнү болорун, канча күлүккө кандай байге коюларын жар салды. Күлүктөр текши эртең өтөт, деген чакырык жарыяланды. Так ошол күнү кечинде Чыныбайдын байбичеси Телегей саяпкери Молдоканды, кичи баласы Бараканды алып, кара салынган элечеги менен Сарыбайга келет.

    Сарыбайдын ордолуу үйүнө орус солдаттары өткөрбөй, жолун тосот. Баракан атасы Чыныбай тирүү кезинде Верныйга окууга барып, орусча билип алган. Ал солдатка орусча түшүндүргөндө бирөө Сарыбайга жетип кабарлайт.

    Сарыбай шаша жүгүрүп жеңесин тосуп чыгат. Саламдашып, ал-жай сурашып, аттан түшүңүз, - дейт Сарыбай.

    - Байым, мен түшпөйм. Сизден бир нерсе сураганы келдим, берем десеңиз аттан түшөм. Болбосо, ушул жерден эле кайтам, - деди Телегей.

    - Берейин, берейин жеңе, - деп шаша жооп берди.

    Ынанымдуу жооп алгандан кийин, аттан түшүп, Сарыбайдын үйүнө кирип, Солтонкулга куран окутуп, иштин жайын, эмнеге келгенин айтты:

    - Байым, мен оор иш сурап келдим, кыйналып каласыз го. Силерди беймазага салбай аттанып кеткеним жөндүү болчудай. Андан көрө уруксат бериңиз, кайним, - деди Телегей.

    - Айта бериңиз жеңе, колдон келсе аямак белек. Кадырыңыз жан болсун, ачык эле айтыңыз? - деди.

    - Эмесе, иш мындай, кайним! Эртең ат чабылат деп уктум. Ат чабышты бир күнгө ары жылдырыңыз, агаңыздын арбагын сыйлап. Торкашканын бир сууту калган. Мен ошону сурап келдим. Торкашка чыгып келет, байгең толугу менен өзүңдө калат, - деди Телегей.

    Сарыбай көпкө тунжурады. Бир оокумда:

    - Торкашка чыгарына көзүңүз жетеби? Чыкпай калсачы?- деди.

    Ошондо саяпкер Молдокан обула ордунан тура калып, камчысын мойнуна салып:

    - Эгер чыкпай калса, араңарда жыйырма түтүн черик барбыз, укум-тукумубуз менен алдыңарга кул болуп беребиз, - деди чын ыкластан саяпкер.

    - Болуптур жеңе, бердим сураганыңызды, - деди Сарыбай.

    - Терең ыраазымын кайним, агаңдын арбагын сыйлап бергениңизге-деп Телегей көз жашын сүртө, жарпы жаңыла аттанды.

    Сарыбай аш башкаруучуларды чакырып, ат чабыш бир күнгө ары жылдырылган жарыя кылууга, ар бир мейманга жеткирүүгө макулдашылды. Бул кабарды укканда Баяке Сарыбайды беттей буркулдап:

    - Өз ашыңды өзүң жегин, өз атыңды өзүң чапкын. Ой, эл-журт аттангыла, - деп ай-буйга келбей аттанды. Шабдан Баякенин тилинен чыкпай, орус солдаттарын ээрчите жөнөп калды. Бул учурда Садыр аке Тезек төрөгө кабар берип, тынчтантып жаңы эле келген. Шабдандар аттанып кетип баратышат, мени тыңшап да койгон жок, Сарыбай Садыр акеге айтты. Садыр аке ачуулана:

    - Келе кулак кашканы, - деди Садыр аке, тарт бери, - ушунча эл, журт Шабдандын көзүнө көрүнбөй калганбы. Жантайдын уулуна калың элди көргөзөйүн, - деп чапкан бойдон кетти.

    Жете келген Садыр аке Шабданга:

    - Ой, Шабдан баатыр! Кылжырдын бир тукуму аш берсе, бир тукуму аттана качса, бул кандай жорук? Мурдагы чүкөдөн чыккан чатакты чукуюн дедиңизби? Ортодон чатак чыксын дейсиңби? Журт бүлүнсүн дейсиңби? Саяк силердин ортоңорго түшөт дедиңби? Мен керекминби, башым мына, канжыгыңа байлана кет, - деп эңкейип аттан түшмөкчү болот.

    - Оо, айланайын Садыр аке, таманыңызды жерге тийгизе көрбө? Бугу, Сарбагыштын ортосунда асман тиреген тирөөчсүз, кара кылды как жарган калыссыз. Баякенин ачуусуна уугуп аттандык эле. Сиз айткандай болсун, - деп Шабдан шашкалактады. Бардыгы өз-өз ордуна жайгашышты.

    Ошентип аш өз нугу менен өтүп жатты.

    Күлүктөр Тасма ылдый айдалып, Жети-Өгүздүн сайынан өтөрүлүп, Кызыл-Суу суусунун кашатынан коё берилип, Кара-Нардын кайкысынан марага келишти. Торкашка ири алдыга келди. Марага жетпей Баякенин Көккашкасы жүрбөй калып, чабандес жүгөнүн көтөрүп келип, экинчи орун деп эсептелет, 600 жылкыны байгеге алды. Сарбагыштардын Чай буурулу үчүнчү орунду ээлеп, 500 жылкылуу болду, жыйырма беш күлүккө байге берилди.

    Ошондо Чулумдун уулу Карач аке ашка мындайча баа берген экен.

    - Айтылуу Көкөтөйдүн ашынан кийинки аш кыргыздарда Солтонкулдун ашы болду. Көкөтөйдөгү Каныкей бүгүнкү аштагы Телегей эмей эмне. Андагы Бакай бүгүнкү Садыр аке болду. Бул киши болбогондо Сарбагыш, Бугу кайра чабышып, казак, кыргыз кырылышып калмак. Чынында Садыр аке багыбызга жаралган Бакайдын өзү тура, сан колдой көрүнүп, акылы көлдөй төгүлүп толкуду го жарыктык!

    Карач акенин берген баасы төгүн жерден эмес эле. Акылман, даанышмандыгы ушунда экенин казак боордоштор да тастыктап турат.

    Тезек төрө таң берген

    Ошол ашка казактын төрөсү Тезек да катышканын жогоруда айта кеткен элек. Ашта казактын тентектери тынч жаткан калктын жүз элүүдөн ашык жылкысын өздөрү билип союп, жок кылышат. Эки элдин ортосунда чыр чыкмакчы болорун сезген Садыр аке менен Кыдыр аке барышып, териштирүү жүргүзүшмөк.

    - Ээ, Тезек төрө, казак, кыргыз эмес, оруска кадырың өткөн, калыссың. Мал кармап союп жатат дейт, бул эмнең? Төрөтайыңдын төркүнүнө ушуну жасайын дедиң белең? Тентектериңди тыясыңбы? - деп Садыр аке өкүм сөзүн айтты.

    - Ой, ба бау, Саке, солайон, эси жоктор азаулук шатак шыгыптыр, аны казак орустарды ээрчитип барып тыйдым. Эртең мен күн шыга электе төлөп берейлик. Ол жумушту сизден бурун ак тындырып отурумгой, - деп өлөңүн айта баштады:

    Баласы Абылайдын Тезек эдим,
    Басынан журтту жеген кесек эдим.
    Казактын каны болдум осо туста,
    Кудайым берип турган кезеги эдим.
    Кыргыздын Садыр аке, көзөлү эдиң,
    Шалкар көл, шоң дайранын өзөгү эдиң.
    Атагын Солтонкулдун журтка жайган,
    Ак калпак баатыр кыргыз өзүң эдиң,
    Бастым гой кызыл бөрктү дым шыгарбай
    Баска эмес маңдайымда көзүм эдиң.
    Арада сайланбаган калыс кансың,
    Алды мен Алла менен тааныскансың,
    Алдыңдан казак,кыргыз кыйгап өтмөс,
    Адилет, ак жаралган даанысмансың,
    Дос, дусман көзүң барда күчүңдү алган,
    Ичинде арамы жок жакшы адамсың! - деп тууганчылыгын көрсөтүп, Садыр аке менен Кыдыр акени сыйлап, Тезек төрө өзү аткарып жөнөткөн экен.

    «Ак жайдаңы» экен

    Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбөдөгү Төлөйкан уруусунан чыккан Акматаалы тилинен бал тамган, топ жарган чечен киши казак, кыргыз кадырлаган кадырман адам. Куйма кулак, ал адамдын замандашы Ачакеев Исакун өзүнүн эскерүүсүн мындайча баяндайт:

    Акматалы өткөн доордо эл арасында болуп, өткөн айрым бир окуяларын эскере кетсек:

    Көл башындагы Бугу элинде бир байдын ашы берилмек болуп, ага Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Чүйдөн тарта көл айланасы бүт чакырылат. Аштын кабарын уккан илгерки Санчы сынчынын жээни эл жакшыларын, билермандарын, башчыларын көрүү үчүн жанына эл тааныган жолдош алып, ошол ашка барган экен. Ар бир уруу башчылары өз уруулары менен тегерек тартып отурган кезде барып, аларды сыртынан сынайт.

    - Мынабу топтогу чоң сакал ким? - деп сурайт.

    - Бул ушул аш берүүчү тарап, Белектен Зоодонбек деген ушул, - дейт жанындагысы.

    - Алысты көрбөгөн, билгенин бербеген, энеден уучун ачпай муштумун түйүп түшкөн аты да зоо, заты да зоодой катуу адам тура, - деди сынчы.

    - Тиги топтогу чатыраган кызыл жигит ким?

    - Ушул элдин баш бийи Муратаалы бий.

    - Мунун сураганы калыс, чыр чатактан алыс, бийлиги узак болот экен, - деди сынчы.

    - Мына бул топтогу кыраан бүркүттөй талпынып сүйлөп жаткан ким?

    - Бул саяк Садыр аке!

    - Буга аке деген туура берилген наам, кут болсун!

    Мунун тазалыгы көктөй,
    Кеңдиги жердей, тереңдиги көлдөй,
    Кулачы алыс, сөзү калыс,
    Жүрөгү ниети ак, башынан кетпес бак!
    Тишинин агынан, ичинин агы ай!
    Садырдын артынан кууган жете албайт,
    Алдынан тоскон токтото албайт.
    Кылымда бир келүүчү адамдын,
    «Ак жайдаңы» экен!

    Пай-пай! Ушунун дагы жоолашкан жоосу, аңдыган душманы бар экен ээ! - Сынчы колун чекесине серепчилеп, калган башка топторго көз чаптырып: “Болду, бул Садырдын алдына чыккан караан көрө албадым!..” - деп. - Элин көрдүм, жерин көрдүм, энди көлүн көрөйүн, - деп жолдошун ээрчитип, аттанып, тескей тарап менен жүрүп, Оргочор тоосуна көл даана көрүнгөн дөбөгө чыгып, көлгө карап суктана:

    Орто жери ойгондой,
    Тегереги коргондой,
    Казан асып койгондой,
    Жердеги адам тойгондой,
    Жай катыраар ысыгы жок,
    Кыш тоңдураар суугу жок,
    Жер соорусу Ысык-Көл, өзүңө буюрсун! - деген экен сынчы.

    Садыр акенин насил-насааттарынан
    • Акты карадан айра билбесең, калыстыгың не пайда?
    • Ырыс алды ынтымак,
    Ынтымактан ыр чыгат.
    • Ынтымагы жок жерде,
    Чатак менен чыр чыгат.
    • Туяк калсын артыңда, өмүрүңдү улаган.
    • Алтындан жезди айра билбеген, эл керегине жарабайт.
    • Жашооңдо калыс болбосоң, тирүүлүктө кыйналып өтөсүң.
    • Өз керт башын ойлогон, жашоодо өмүрү ойрон.
    • Улугуң жакшы болсо-бириңе бириң жөлөксүң,
    Улугуң жаман болсо-бириңе бириң бөлөксүң.

    Садыр акенин батасынан
    Укум-тукумдарга ырыс, ынтымак болсун, бири-бириңерди сөзүңөрдү көтөргөн, урматтаган, ортоңордо муздак жел жүрбөгөн, кең пейил, кенен эл болгула! - деп бата бериптир.

    КАРАЧ-АКЕ – КАЛЫСТЫКТЫН УЮТКУСУ (1837-1914-жж.)                       (Мазмунга)

    Илгертеден эл арасында атагы алыска кетип, ысымы аңыз болуп, ооздон-оозго көчүп, укумдан-тукумга айтылып кала бергендер кылымдардан кылымга жашай берет экен. Айрымдары замандан заман оодарылган сайын унут калып, эскерилбейт окшобойбу. Кара кылды как жарган калыскөй инсандардын эмгектери карапайым элдин жүрөгүндө сакталып, урпактарына мурас катары калтырылат. Аларды кастарлап, өлбөс эмгектерин даңазалап туруучу улуу муундардын, анжырачылардын аздыгынанбы, же этибар албай койгонубузданбы, айтор «аке» деген ардактуу наамды алып жүргөндөрдүн даректерин толук жана элге өтөгөн эмгектерин айкын билишкендер азыр өтө эле аз. Алсак, Карач акени Чурумдун уулу дешет. Ал кайсы уруудан экендигин ачык айтылган эмес. Анын жүзү даана ачылбаган бойдон. Элине өтөгөн эмгегин да толук билишпейт. Болжолу бугу уруусунан дешет. Эмесе, кийинки изилдеп чыккандардын эмгектерине көңүл буралы.

    Окумуштуу Кашымбек Асанбеков өзүнүн «Ысык-Көлдүн жети акеси» деген эмгегинде Карач акени мындайча баштайт:

    «Санжырада XIX кылымда Ысык-Көлдө арык, белек уруусунда чоң Карач, бала Карач, Карач аке болгону жөнүндө айтылат. Тагайдан – Кылжыр – Орозбакты.Орозбактыдан –Арык мырза, Мырзакул мырза, Асан мырза, Кара мырза, Токоч мырза. Мырзакулдан – Алсейит – Жамангул – Белек – Бирназар бий – Шапак баатыр. Жоокерчилик заманда калмактан олжого түшкөн Чүрүмдү Шапак баатыр асырап, Чүрүм өзү менен кошо алып келген Бурумга үйлөнөт. Чүрүмдөн – Эсенгул – Мендегул – Карач. (83-бет)

    Санжырачылардын айтымында

    Ал эми Ак-Суу районундагы Отуз -Уул айылынын санжырачысы Абыл Абдылда уулу төмөнкүчө баяндайт. Аны эч өзгөрүүсүз берүүгө аракет кылдык:

    “Карач акенин аталары жоокерчиликтен колго түшкөн Чүрүм, Бурум “кара калмак” деп аталат. Азыр бул кишинин укумтукуму Түп районундагы Жылуу-Булак айылында жашашат. Бул киши эл оозунда Чүрүмдүн Карачы деп даана айтылат. Анткени, элде аты чыккан Карач аттуу адамдардан үчөө болот. Тактап айтсак, Чүрүмдүн Карачы, Тогузбай чоң Карач, Салмаке бала Карач.

    Тескейде Дөң-Талаада саяк элинин Байбек деген адамдын ашы берилип жаткан болот. Ат чабышка көл Бугусунун жакшылары Желдең, Көкөбай, Үкү, Байгазы чогулуп, кеңешип, Үкүнүн кара кашкасын чапмакчы болушат. Ал эми Сарбагыш туугандар Шабдандын көк быштысын чабууга бир чечимге келишет. Эки эл саламдашып, жайланышып, отуруп калышат. Баш байгеге 500 жылкы коюлат, бул байгени ким алат дешип, жакшылар сөз кылышканда сарбагыштын саяпкери Шайтерек «Көк бышты чыгат, мен алам» дейт. Байгазы манаптын саяпкери Үкү: “Кара кашкам алыс чыгат, көк быштың көп чабылып, каны коюлуп калыптыр. Ак-Сайдын кечмелигине жетип-жетпей жыгылып өлөт, камчы сапча каны жерге акпайт! - дейт. Анда Шайтерек: “Оозуңа таш!” - деп кол көтөрмөк болгондо, Шабдан кой дегенде Шайтерек басылып калат. Үкүнү кой десе болбой оолуга бергенде, Карач аке мындай деген экен: “Атаңдын көрү, жаш кезиңде биттеп, ат болуп жоошуп калганы жакшы тура, кой десе эле көнүп калган. Биздин бугу туугандардын балдары аңги чалыш чымчылбаган немелер ушинтип өңкүлдөй беришет!” – деп Карач аке жылмалап элди тыят. Мындан Карач аке Шайтеректин бир эни жок экенин билип, аларды ооз ачкыс кылып сөз менен жылмалайт эмеспи. («Ысык-Көл оттору», 24-март, 1993-жыл, № 23).

    Ал эми Жети-Өгүздүк санжырачы Кален Жетимишбаев областтык «Ысык-Көл кабарлары» гезитине 21-январь 1997-жылы мындай деп жазат. «Карач акенин тарыхы да укмуш. Калмак Чүрүмдөн чыккан кадыры бийик инсан жөнүндө чечен Соодонбай:

    - Өздү өз, өзгөнү жат дебей, баарын бирдей көрүп сыйлап, ызаат кылган, Ала-Тоодой кең бийик, Ысык-Көлдөй терең касиетке ээ, жаакта жок чечен, ойлонбой сөз тапкан, жумуру башта Карачка тең келген адам жок, мен анын жанында бир гана суулукмун, - деп таамай баа берген.

    - Белектин тукумун капкайдан келип сен билип, Каңгайдан келип мен билип отурам. Кулун төргө чыгарган, калк бийлетип сураткан, баарын бирдей сыйлаган Белектин тукуму адам эмей эмне, ичи Ала-Тоодой кең эмей эмне… деген Чыныбайга айткан сөзү өзүнчө эле тарых, окуя, санжыра.

    Жазуучу жана окумуштуулардын баамында

    Заманыбыздын залкар жазуучусу, академик, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнүн «Өмүр жана күлкү» деген китебинде терең айтылган.

    Карач болуш болуп турганда чоң жуттан мал-жан араң илкип чыгып, алык-салык төлөнбөй калат. Ошондо оёз чакыртып:

    - Мендегулов, салык төлөбөйсүңөр деп кысмакка алат. Катуу чара көрүп, мал-мүлкүн аларын билдирет. Болуштун ал-жайды түшүндүрө айткандарын укпайт. Ошондо Карач аке ордунан туруп, сыпаа гана «казынаңардын түбү тешилип калса, жаматып ал», деп жез беш тыйынды үстөлдүн үстүнө коет. Оёз кайра ойлонуп, өзү туура эмес чекилик иш кылганын түшүнүп, элди бир жылдык салыктан куткартыптыр.

    Ошол эле китепте айтылуу Садыр акени кепке жыкканы айтылат, ал мындайча болгонун Садыр аке өзү айтат. Кызуу аңгемелешип отуруп: эми Карачтан жыгылганымды айта кетейин. Белектердин чырын чечип, Чыныбайдын арам оюн четке кагып, жыйында отурган элек. Карач кечигип келди. Учурашкандан кийин сунулган кымызды алайын десе, колтугу айрык экен, жүнү булая түштү. Аны көрө калып, тамашайлайын деп:

    - Ээ, Карач, калмак менен кыргыздан энчи талашып жүрүп, катын тандоого кеч болгонбу, колтугуң булаят,-дедим.

    Ал кымызын ичип, аягын жерге коюп:

    - Адам жылкы мүнөз, тойгон күнү ыргыштап, мурдагысын унутат. Нышандын сен сааган бээсинин сүтүнүн даамы кеткен экен, төшүңө чачыраган сүттүн тамчыларынын тагы өчкөн экен. Жыртык бүтөлөт, жок толот, мен белектин кулу болсом, сен жээнисиң, -деди. Ошондо сөзгө жыгылдым.

    Дагы Түгөлбай Сыдыкбеков «Жумуру башта Карачтай шыдыр айткан чечен жок» деген Соодонбек чечендин айтканын даңазалайт. Түкөмдүн Карач аке жөнүндөгү аңгемелери тарых чындыгынан кабар берет. Эмесе, ошолордун бири:

    …Журтка аркасы тийген кадырман кишини: «Сөз ээси, журт көзү» дешет. Анткени, айткан сөзү эми угулат. Жалпы журтка жаккан «Ат качырбас боз айгыр» аташат. Адаттагыдай жакшылар отурган үйдө көп тыйганды Карач аке сындырат.

    - Соодонбек экөөбүз башкалардан артык эмеспиз. Жаныбызга киши отурбай калгыдай боз дөбө болуп кала элекпиз. Экөөбүз жеген эт Тепкенин курбусундай болду го. Бизден устукан алчу койчу-колоң да отурсун бул үйдө, - деп айтканынан улам Карач отурган үйгө кеп-сөз этишкен карапайым кишилер көп кирчү экен.

    Узун күңгөйдүн уруулары болуштукту талашып, чабышууга чейин барганда Карач аке атайын барат.

    - Келчү эмес элеңиз Карач аке?

    - Мага көкүрөктө эчтеме артпай калды, болуш болгону келдим.

    - Болуңуз, сизге ыйгардык болуштукту.

    Кол алышып:

    - Кыйганыңар чын болсо, кечээ тирүүсүндө Дөөткулу көз сала жүр деп Чолпонбайды тапшырды эле. Ордума болуш шайлагыла, - деп шайлантып, Чолпонбай көп жылы элге жаккан болуш болуптур. («Ысык-Көлдүн жети акеси», К.Асанбеков, 87-88-беттер).

    Эми түрколог, аалым тилчи, элдик академик Хусейин Карасаевдин эскерүүсү: Кытайдагы кыргыздар турган Текестен ары, Жылдыз деген айылдан Карач аке менен кезиккенин айтат.

    Топ кишилер:

    - Силердин айылдагы жигиттер тоноп кетти, - деп бир кишини көрсөткөндө Карач аке аттан түшпөй туруп:

    - Ии, семиз белдүү адамды тонойт, кундуз тебетейлүү, сары тондуу байды тонойт! Бул байкуштун эмнесин тонойт?! Кийгени жаргак шым, чепкени жыртык болсо… Оо, силердин жолуңар болсун! Коё бергиле! Куру шылтоо айтып, доо арткан кудайдан үмүтү жоктор десе!...

    Доо артып «бирдеме» өндүрүп алабыз деп, чоочун айылга келгендер үн катпай кете беришти дегени азыр да видеотасмада көрсөтүлүп жүрөт. Х. Карасаев Карач аке элдик киши болгондуктан «Аке» деген ардактуу атка ээ болгондугун кадырлап да, урматтап да айтчу. (Ысык-Көл ТВ архиви,1994-ж.) Ысык-Көл областтык «Ысык-Көл кабарлары» гезитине 2006-жылы №35 санында журналист, акын Тургунбек Жунушалиевдин «Карач аке жөнүндө баян» деген поэмасы жарык көргөн. Анда элестүү берген:

    Алтынды катсаң дагы жер алдына,
    Акылды ката албайсың жөндөн гана.
    Ааламды буй кылышкан акелерим,
    Элиме энчиленди эми кайра.

    Баргын дейт бата сурап Мойт акеге,
    Акылды сурасаң сен Сарт акеге.
    Сабырдуу болом десең Садырдай бол,
    Калысты жарып келген Карач акеге… < p >Акыры болот тура бүтөр күнү,
    Комуздай кылы үзүлүп өмүр күүсү.
    Түш көрүп өлөрүндө Өмүр батыр,
    Чынардай жайылган дейт ошол күнү. < p >Эл карап: «Карагыла, баатыр сүйгөн,
    Эмне айтаар сөзү барбы көптөн күткөн?» -
    Дегенче Карач кирип жандай басып:
    - Атаке, мен мында! - деп беттен өпкөн. < p >- Отурчу, балам Карач, садагасы,
    Түш көрсөм бийик терек чынар башы.
    Ошондо кылда учунда отурупмун,
    Балдарым жеталбады мага баары. < p >Сен келип тизе алдыма конуп балам,
    Чынардын учун тиктеп улам-улам.
    Канатың мендей болуп жетилгенде,
    Учаарсың боолгоп турам болсоң аман. < p >Деди да Өмүр баатыр алтын мөөрүн
    Колуна салып, өөп анын жүзүн, -
    Ак батам ушул болсун балам сага,
    Тарыхта кыргыз атын өчүрбөгүн! - деп батасын бергенин кенен сүрөттөп жазган.

    Түз айтып…

    Карач аке калыстыктын уюткусу экенин өз баласына калыс баа берип, элге жаккан.

    Текес тараптан ат арытып, жол карытып Карач аке келатса, Жыргалаң суусунун боюнда кыдырата боз үй тигилип, кадимки майрамдагыдай жасалгаланган. Мындай көрүнүшкө таңданган Карач жыйылган элден сурайт чоо-жайын:

    - Бул эмне болгон? Эмнеге эл опур-топур?

    - Сиздин уулуңуз Жамгырчыны болуштукка шайлап жатабыз, - дешет.

    - Ой, эл журт ойлонуп иш кылгыла. Менин уулум Жамгырчы болуштукка жарабайт. Эл жүгүн көтөрө албайт,-деди Карач аке аттан түшпөй туруп.

    - Кантип?- дешти жабыла.

    - Ошентип. Түз айткандын заары жок. Ата-энеге баласынын мүнөзү, кылык-жоругу айдан ачык белгилүү. Болуштукка Мамбеттин Байгазысы жарайт, ошону шайлагыла, -дептир. Эл Карач акенин сөзүн эки кылбай, түз сүйлөгөн, түз айтканын сыйлап Байгазыны болуштукка шайлап алышыптыр.

    Мөөрүн бастырып…

    Чыныбай Тилекмат уулу Каракол оёунда султан орун басар болуп турганда, көзүн май басып, майда белектерди кодулап, Нарын тарапка көчүрмөкчү болот. Ошондо ушул уруунун билерманы Малай Чыныбайга келип, датын айтат:

    - Силердин малыңар биздин жайытты тебелеп-тепсеп жатат. Нарын тарап ээн, ошо жакка көчкүлө. Бу жактан силерге жер берилбейт,-деп ирегеден кетирип жиберет.

    Малай шагы сынып, ызага батып, айласы куруп, түз эле Карач акеге барып:

    - Сизге келдим. Чыныбай басынтып, Малабай, малың өсүп, жайытка батпай кетти. Силерге бу Ысык-Көлдөн жер жок. Ээн жаткан Нарынга көчүп кеткиле,-деп кыйнап көчүрмөй болду.

    - Жүрүңүз, кайра баралы, - деп Карач аке бутундагы маасысын баткакка олчойто булгап алып, түз эле Чыныбайдыкына барды. Бутунун жаман экенине карабай түз эле кирип барды. Ал Малайды иреге жакка отургузганын мурда айткан, ал Малай отурган жерге отура калды.

    - Келчү эмес элеңиз Карач аке! Бери төргө өтүңүз, - дейт Чыныбай.

    - Мен Малайдан артык эмесмин. Бутум да таза эмес, - дейт Карач аке.

    - Өтө бериңиз, эчтеме болбойт, - деди Чыныбай.

    - Элди сыйлай билели. «Капкайдан келип сен билип, Каңгайдан келип мен билип» турсак, белек экөөбүздү бөпөлөсө, алар акмак журтпу? Малайды иргеңден узатсаң, мен да ушу жерден узайм. Аны коюп, мөөрүңдү бас, жерин бер,-дептир. Ошондо Чыныбай эч каршы сөз айтпай, мөөрүн басып бериптир. Майда белектер жер алышып, Карач акеге ыраазы болушуптур.

    Кечирим сураган

    Бир жылдары Карач акенин уулу Жамгырчы чатак чыгарып, Шабырбек ажыны өлтүрүп коё жаздайт, жолдоштору менен. Ортого түшө калган Орозбек эптеп ажыратып, ажалдан алып калат. Бул жосунсуз кабар Карач акеге да жетет. Аларды тынчытып, чырды басмакчы болот. Соодонбек да угат. Карач уулу Жамгырчыны мойнуна курумшу илдирип, атын, башын тартуулатып, Шабырбектин алдына түшүрмөкчү болот. Түз эле келатканда топко, Соодонбек өз оозунан кеп угуп көрөлү. «Күнөө керкисинде да, кемигинде да бар» демекчи, айыптарын билели.

    Шабырбекке кайрылганда, ал тике карап:

    - Ой, эл-журт! Менин жоругум жолдо калсын! Орозбек жан соогалап калбаганда,канга боелгон башымды койнуна катып калбаганда, менин жоругумду укпай калмаксыңар. Сүткор атка конуп, араңыздардан кетмекмин. Күнөө менден кетти. Мен же кудайдын бир бутагы болбосом, же оездун жер берүүчүсү болбосом, мага чала, Кудайдын жерин талашып, өзүм да билбейм, Чүрүмдүн айыл жердеген жерди талашып жүрбөймүнбү. Таякты ошондо жедим. Өлтүрүп да коюшмак. Эсиме келдим, мындан кийин бирөөнүн жерин талашпас болдум, - деди Шабырбек.

    - Бул бүтүмдү укканда Карач аке күлүп:

    - Мен өз баламды айыпка жыкмакмын. Мындан бир жаңылдым. Соодонбек сенин көрөгөчтүгүңдү билбей туруп, экинчи жаңылдым. Шабырбектин төптүгүнө, балдардын көктүгүнө этибар кылбай мен жыгылыштуумун. Кечирим сурайм бардыгыңардан, дептир Карач аке.

    КЫДЫР АКЕ – НУКУРА КАСИЕТТҮҮ (1843-1926-жж.)                       (Мазмунга)

    Кыдыр аке көлдүк акелердин эң кичүүсү. Түпкү теги: Долон – Акуул – Тагай – Кылжыр – Орозбакты – Арыкмырза – Жоотатыр – Күчүк – Сейитказы – Бобон – Түлөберди – Олжобай – Байсары – Кыдыр.

    Кыдыр аке жөнүндө Жети-Өгүз районундагы белгилүү санжырачы Кален Жетимишбаевдин жазганында мындайча сүрөттөйт. Элдин баамында Кыдыр аке калпыс сөздү айтпаган, калыстыктан тайбаган, жакынына тартпаган, жардыга доомат артпаган, айтканы элге эм болгон, тилегени тең болгон, кичипейилдүүлүгү, чынчылдыгы, боорукердиги, кайрымдуулугу менен элге жагып, улуу-кичүүгө тең бирдей олуя болгон. Кыдырды Кыдыр алей салам колдогон. Анын төрөлүшү да өзүнчө санжыра, - энесине ак селдечен, качыр минген карыя үйгө кирип, кымыз ичкенден кийин:

    - Балам бактылуу бол, жаманчылыкты көрбө, кош бойлуу экенсиң, эгер эркек төрөсөң атын Кыдыр кой, уул болсо зоболосу көтөрүлүп, элге кызмат жасаган азамат болсун! – деп бата берип көздөн кайым болгон дешет.

    Кыдыр аке 1843-жылы төрөлгөн. Байсарынын уулу. Чоң атасы Олжобай арык тукумунун эгеси. Сары-Жаз чөлкөмүндө турушкан. Олжобайдан Байсары, Токсоба. Токсобанын Миңжылкы деген уулу каза болуп калат. Ошондо Байсары, Кыдырды бала кылып, асырап ал деп Токсобага берет. Каным Кыдырды бекем сүйүп, бооруна кысып өстүрөт. Он сегиз жашында болуштукка шайланат. Ошентип өмүр бою болуш болот.

    Кыдыр аке эки доорду жашап өмүр сүрүп, ошол доорлордун кадыр-барктуу адамы болгон. Эми Кыдыр акенин нукура касиеттүү, чынчыл, алдыдагыны көрө билген аанышмандыгы тууралуу айтмакчымын.

    Батасы жалгап

    Ошол заманда төрөлгөнү уурулукту кесип кылгандар болуптур. Торгой деген жигит Сарке тукумунан. Ат жалын тартып атка мингени, шылуундугу артып, уурулукту өнөр тутуп, жылкы тийип күн көрө баштайт. Казакка нечен ирет барып, күркүрөтө жылкы айдап келип, далайын сызга отургузат. Алар Торгойду колго түшүрө алышпайт. Казактар Кыдыр акеге келишип, уурунун жайын билдиришип, тыйып коюусун суранышат. Кыдыр аке казак туугандардан тобу менен айдап келген жылкыларды өздөрүнө кайтарып бердирип, Торгойдун уурулукту таштоосун өтүнөт. Бирок, ал үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы болуп, уурулугун уланта берет.

    Кыдыр аке бир күнү Караколдун базарына барып калат. Кудай жалгап, бирөө fs23 менен сүйлөшүп турса Торгой салам айтып жанына келет. Ошондо Кыдыр аке Торгойго кайрылып:

    - Торгой ырас болбодубу, сени менен сүйлөшө турган сөз бар. Бош болсоң биздикине барып, даам татып кетчи, -дейт. Базар тарагандан кийин Кыдыр аке Торгой экөө жолго чыгышат. Тынбай жүрүшүп, Кара Бөлтөккө жете келишет.

    -Ушул жерге тыным алалы Торгой, аттардын бели суусун. Аттардын ээрин алып, тушап койчу, - дейт Кыдыр аке. Торгой бат эле аттарды тушап, коё берет. Кыдыр аке ээр токумду жазданып, көрпөчө менен тердикчени алдына салып, жата кетет.

    Торгой ойго чөмүлүп тунжурайт. Кыдыр аке көшүлүп уктап кетет. Ошондо Торгойдун ниети бузулуп, “Кыдыр аке мени нечен ирет уят кылып, казактардан уурдап келгендеримди кайтарып берди. Бетиме көө тартылып, казактар эмес кыргызга да ууру атыктым, ким көрдү кылайын” – деп кончунан бычагын сууруп, нечен ирэт саяйын десе колу калтырады. Акыры калтырай түшкөнүнөн шамшарын кынына салып, кончуна сойлотту. Ичинен кыжынганы менен батына албады. Кыдыр бир чай кайнамдай уктады. Ойгонгон соң:

    - Торгой аттарды току, сапарыбызды улайлы, аттар да эс алды го, -деди Кыдыр. Торгой аттарды бат эле токуду. Сапар уланып, кечкирип калганда Кыдырдыкына жете келишти.

    - Торгой сен бүгүн конуп, эртең кет, - деди.

    Мал союлуп, казан асылган кезде Кыдыр байбичесине:

    - Келиндериңе айткан суу жылыгандыр, билчи, - дейт.

    - Небак эле даяр болгон, - деди байбичеси.

    - Торгоюм, тээтиги балдардыкына барып, суу жылытып, даярдатып койгом, жуунуп келчи. Ал жерден бир сыйра жаңы кийим кийип, өзүңдүн кийимдериңди ороп, канжыгаңа байлап кой, - деди Кыдыр аке.

    Торгой жуунуп, жаңы кийим кийинип келсе, эт бышып сорпо алдыга келди. Эт тартылып, желип бүтүп, колдор жуулду.

    - Кечээ сага айтам деген сөзүмдү чайдан кийин айтам Торгой, - деди. Конок каадасы жасалып, тегиз жатышты. Эртеси дасторкон жайылып, чай келди. Чай ичилип жатканда Кыдыр аке:

    - Торгой сен менин тилим аласыңбы? Эгер эп көрсөң, макул болсоң батамды берейин. Сенин төбөңдө чоң касиет бар, аны кастарлап алышың керек, ак ниет менен. Сен жаман жолго түшүп, качырып жатасың, - деди. Ошондо Торгой ордунан тура калып, жүгүнүп, үч жолу “таштайм” ак жолго түшөм, - деп убадасын кайталап айтты.

    Кыдыр аке бир баласын чакырып:

    - Торгойдун күрөң атынын ээр токумун алып, жылкыга кош. Анын ордуна баягы карала атты алып кел. - Байбиче Торгойго бир жаңы тердик бер, аты арыктап, жоор экен. Каралага жаңы тердик болбосо жоорутуп жиберет, – дейт.

    Торгой Кыдыр акенин ушунчалык бийик мамилесине терең ыраазы болуп отурду, чайдан ичип, бүт денеси балкыды. Торгойдун ыракатка чөмүлүп отурганын баамдаган Кыдыр аке кечээкиден баштады.

    - Кечээ Кара-Бөлтөккө бир аз чырым алып жатканда, Торгоюм үч жолу шамшарың менен тап берип, көңүлүң бузула түштү окшойт, - деди эле, Торгойдун колунан ичип жаткан чынысы ыргып кетти: “Оо, Кыдыр нукура касиеттүү адам тура!..” деп түшүндү Торгой.

    Кыдыр аке Торгойго ак батасын берип узатты.

    Торгой убадасын аткарып, оң жолго түштү. Алдыда жаманжакшы болоорун алдын-ала билчү болду.Ушундай касиети барына, ак батага ичинен ыраазы болду. Кийинки жылы Саркенин тукумдарынын ак сакал, көк сакалдарын казак туугандар конок болуп кетүүсүнө чакырып келди. Жоон топ менен Ажына жанына Чыныбай, Чынкожо, Карамамбеттерди ээрчитип жөнөштү. Алар Каркыра суусун кечип, анын жанындагы бейиттерге токтоп куран окушту. Андан аары Теке атанын мүрзөсүнө барышып, аттан түшүшөт. Чыныбай түшпөйт:

    - Түш аттан, Теке атага куран окуйлу, - дешет.

    - Текең небак өлгөн неме, ага эмнеге окуйсуңар. Ал текеңер эчкиники, же башкабы, мен куран окубай эле койдум, - деп андан ары кетет.

    Беркилер куран окушуп, сапарын улап калышат. Мурда кеткен Чыныбай боортоктоп отурат. Жете келгендер:

    - Чыныбай сага эмне болду? - дешти.

    - Мени атып кетти, - дейт.

    - Ким атты?

    - Билбейм, тарс дегендей болду. Ичим өрттөнүп, ичеги-кардым эзилип баратат, - деди Чыныбай араң гана. Ажыналар аттан түшүшүп Чыныбайдын башын жөлөшөт, бирок кеч болуп калган. Чыныбай небак эле жан таслим болуптур. Чыныбайга жер чийне жасашып, ага жүктөп, кайра айылга тартып калышкан. Ошол кезде Торгой өзүнүн жолдоштору менен казак тарапка аттанып чыгышкан. Бир кыйла жол жүргөндөн кийин Торгой:

    - Ээ жигиттер, бизден мурда кетишкен аксакалдар кайра тартып калыптыр, - десе:

    - Койчу калпыңды, атайы бараткан жерине жетпей келмек беле? – деди.

    - Чыныбай ээн ооздонуп, тиги дүйнөгө сапар тартыптыр. Кой бастыргыла, - деп камчыланды.

    - Ой Торгой, аны кантип билдиң? - дешсе:

    - Азыр башыбыздан учкан сагызган үч жолу шакылыктап кабар берди. Жолдоштору анчалык ишене беришпеди. Аңгыча алдынан жоон топ көрүндү, алар Ажыналар экенин тааный коюшуп, Торгойдун баамдап айтканын туура экен дешти. Алар аксакалдарга беттеше эмне болгонун сурашты.

    - Теке атанын арбагы урду Чыныбайды, текеберлик башын жутту, - деди Ажына.

    Торгойлор беркилерге кошулуп айылга кайра тартышты. Ал эми Кыдыр акенин батасы жалгап, Торгой өмүрү өткөнчө сыйкыр конуп, алдыдагы болор жаман-жакшыны айкын айтып, кадырбаркка бөлөнгөн экен.

    Көкөтөйдү көкөлөттү

    Тынымсейиттин айтылуу чечени, куудулу Көкөтөйдү Такырбаш болуш күнөөлөп, аны Сибирге айдатууга аракеттенип жаткан. Бул кабар Кыдыр акеге жетет. Анын чоо-жайын тактап билет. Турдубек бий оо дүйнө салганда Көкөтөй өкүрүп келбегени аз келгенсип, “карышкыр өлсө кой ыйламак беле” - дептир. Ошол сөзгө намыстанып, Сибирге айдатууга жан далбас урууда, - дешет Кыдыр акеге.

    - Такырбаш болушту мында чакыргылачы. Көкөтөйдүн тагдырын Такырбаш өзү чече албайт. Куудул элдик киши, тагдырын эл чечет, - дейт. Арадан аз өтпөй Такырбаш келет. Кыдыр суроону тээ алыстан баштайт.

    - Ии, болушум, кыргыз кыргыз болуп жаралганы, башына ак калпак кийгени куудулдарын, ырчыларын өтө кастарлап, урматтап келишкен. Анткени, аларсыз тузу жок тамак ичкендей болот жашоосу, - дейт, Кыдыр аке.

    - Туура айтасыз, андай адамдардын тили узун, тиши кычышып, түтүнсүз өрттөгөндөй жалын бүркөт экен. Ошондон улам, сиз айтайын деген Көкөтөйдүн жосунсуз жоругу жанга батты, ошондуктан аны бул куттуу жерден оолактаталы деп чечтик.

    - Ии, ошентип, ал жүрөгүндө жалыны бар, чындыкка жалтанбай так караган азамат. Өзүң деле калыс болчу. Турдубек бий бирөөнүн чырактай болгон баласын өлтүртүп, изин жашырып койгону жалганбы? Ошондон улам эл куудулу Көкөтөй аркы дүйнөгө кеткен агаңдын карышкырлыгын калайык-калк билерин айткан турбайбы. Агаңдын айыбын жаап жашырганың аз келгенсип, аны айткан элдик кишини кодулап, сен да өзүңдүн ким экениңди жалпыга билдирген экенсиң. Адилет сөзү үчүн эч ким айыпка тартылбайт. Ак адамдын жүзүнө көө тартып, ак жеринен жазалаган киши карышкыр эмей эмне? Тиги Жапар жактачынын баш көтөргөн ага-тууганы, намысына турчу эли жок дейсиңби? Жалгызын өлтүргөнүн далилдеген кишиси жок дейсиңби? Эгер каршы болсоң азыр эле кепилге киши табамын. Жабылуу аяк жабылуу калсын десең Көкөтөйдүн башын куткарып, астына ат тарткын да кечирим сура, эл адамын элине кош, - деди Кыдыр.

    Такырбаш болуш бир бозоруп, бир кызарып, нес болду. Көз алдына агасынын жоруктары элестеп турду. (Окуянын түйүнү мындай. Жапар жатакчынын кызы Гүлайым бойго жетип, жуучу үзүлбөйт. Бирок ал өзүнүн бөлөсү Мамбетке көңүл кушу байланган. Экөөнүн ата-энеси да кудалашып коюшкан. Ошол кезде Турдубек бий кудалашам деп келет. Ырк келишпейт. Турдубек ызырынып калат ичинен. Бөлөсүнө нике кыйылгандан үч ай өтпөй, сууга барган жерден Гүлай киши колдуу болуп, сөөгү эки жумадан кийин табылды. Кызды Турдубектин эки жигити суудан сүйрөп баратканын эки келин көрөт, алардын оозун жаптырат. Муну Көкөтөй уккан, ошондуктан “карышкыр өлсө, кой ыйламак беле” деген экен).

    Такырбаш болуш Кыдыр акеге кайрып сөз айта албайт. Бирок Көкөтөйдү Сибирге айдатат, ошондо Кыдыр акенин аракети менен алып калат. Буга губернатор да жардам берген экен.

    Ошентип элдик куудул Көкөтөйдүн зоболосун көкөлөтүп, басмырлайм дегендердин аракети ташка чабылыптыр. Көкөтөй өмүрүнүн акырына чейин элдин кадырлоосуна, урмат-сыйына бөлөнүп жүрүп өттү.

    Тирүү жолборс тартуулап

    1913-жылы Кыдыр акени Романовдордун Россияны башкаргандыгынын 300 жылдыгына Петербургга чакырат. Ошондо Караколдун оёзу көлдөгү бардык болуштарды чыкырып, бардыгыңар тирүү жолборс кармап келесиңер, эгер тапшырманы аткарбасаңыздар баарыңар иштен кетесиңер. Мөөрүңөрдү таштагыла деп, баарын жыйнап алат. Кыдыр акени сар-санаа басты, тирүү жолборсту кантип табуу керектигин ойлонуп, башы катты. Элдин башын бириктирип кеңешти, ойлорун укту. Жалаң мергендер чогулушуп, Кончой мерген гана жарай тургандыгын айтышты. Бирок, ал карылыгы жетип, төшөк тартып, жатып калганын айтышты. Андан кеңеш алуу үчүн Кончой мергенге барышты.

    - Ии, Кыдырсыңбы, өйдө өт, жогору өт, жаш болсоң да журт ээсисиң. Быйыл сексенди сермеп, токсонду торой баштаганымда, төшөк тартканымда келипсиң. Келген максатыңды билдим. Карып калганымда эл керегине жарап берсем, тиги түбөлүк дүйнөгө санаам тынч кетем. Айткандарыңды кудайым бар, аткарабыз. Кой аттаналы, кеселим унутулат, айыгам, - деп Кончой ордунан козголо баштаганда:

    - Оо, аксакал ооруп жатыпсыз, кантип жол жүрөсүз?

    - Оо жолуң болгур десе, эчкидей жашым калганда, элиме керегим тийсе жаманбы? Кудайга ыраазы болом, деп бергенине. Кана эмесе, Шааке, Жанат, Казакбай, Кудагелди, Олжотай жол баштагыла, камылга жакшыдыр?..

    - Жакшы, жакшы дешти жабыла, - ал деген буюмуңуздун баарын алдык. Үч күн жолборстун изин издеп жүрүштү. Текестин башы Ала-Айгырга жете келишти. Кончой мерген жанына Кудагелдини чакырып:

    - Тээтиги арчанын коңулуна дүрбү салчы, бирдеме көрүнөөр бекен?

    - Эч кыймылдабайт, тегерегиндеги чөптөр уйпаланып калган.

    - Оо, анда Кудай берди. Буюрса оюбуз ишке ашат экен. Кончой карыя абдан кубанды. Аңгыча дүрбү салып турган Кудагелди кубана:

    - Ой, эки кызыл жолборс ийининен чыкты, экөө тең токой тарапка кетти.

    - Анда даярдангыла. Жолборстор балдарына азык таап, алып келгенче алалы. Жигиттер ыкчамдагыла, насбайды унуткан жок белеңер? - деди Кончо.

    - Эки чанач алганбыз. Аны ийиндин тегерегине, жолго чачкыла. Жыттан адашат, болбосо артыбыздан кууп, өч алат, балдары үчүн өлүмдөн кайра тартышпайт.

    Кончой аксакалдын кеңеши жана акылы менен жолборстун чоңоюп калган балдарын алып кетишти. Аларды аман-эсен Каракол оёзуна тапшырышты. Оёз чексиз кубанды.

    - Бул өтүнүч оорундалды. Байсариев сизге чоң рахмат. Ак падыша сизге терең ыраазы болот, акысына эмне сурайсыз?

    - Мага эч кандай сыйлыктын кереги жок. Болуштардын мөөрүн кайтарып берсеңиз болду.

    - Өтүнүчүңүз ушул элеби?

    - Ооба, мага алтындын да, малдын да кереги жок, - деди Кыдыр аке.

    Ошентип, Петербургга бара турган мезгил келип жетти. Кыдыр аке Жети-Суу губерниясынын Каракол уездинен кадырлуу өкүл катары катышып, тирүү жолборстун баласын падышага белек этет. Ак падышанын атайын кабыл алуусунда болуп, бетмебет маектешет. Подполковник чинин жана Анна тасмасындагы чоң алтын медаль менен сыйланат. Ошол чоң тойго барып келгенден кийин, Кыдыр орус кыштагына таанымал болот.

    Эркек балалуу болгон

    Кадимки Тезек төрөнүн туугандары Максүт, Жамаке, Өмүрзак байлары кыргыздар менен канатташ, ирегелеш жашашып, карым-катнаш бекем болгон. Алар Кыдыр акени урматтап, кадырлаша, сыр билги байланышы күч жана алакасы эң жакшы. Жамаке кырктын кырына келгени периште үнүн укпай арманы зор. Туягым болбой куу баш атка кономбу деп, сары-санаага батат. Улам күн өткөн сайын түнт болуп сүйлөбөйт.

    Ошентип, Кудайга жалынып, Кыдырды Кыдыр колдогон, андан бата алалы деп, Жамакенин айылы түп көтөрүлүшүп, бир ак боз бээ камдашып, Кыдыр акени ат чаптырып, чакыртышты. Бала сурайлы, бата сурайлы дешкен, арадан эки күн өттү, Кыдыр келбеди. Айлалары кетип, бээни чалышып, эми гана алакандарын жүздөрүнө тартышканда тээ төмөнтөдөн атчандар көрүндү. Эл Кыдыр акелер экенине кубанышты.

    - Ой, ырас болбодубу. Сизди күтүп жатып, айлабыз кеткенде малыбызды мууздап салдык эле!

    - Чакырткан экенсиздер – келдик, жакшыларым, - деди Кыдыр аке.

    Мынабу Жамаке туяксыз өтүп кетеби деп, сизден бата алалы деп чакырттык эле.

    - Агайындар, айып этпеңиздер, жалпы кыргыз элинин мыктылары чогулган жыйынга шаша бара жаттым эле, жолуман кайрылып калдым. Уруксаат бериңиздер ат жалына казан асайын, - дегенде Кыдыр акеге сунулган мелт-калт куюлган көжөнү шыпкай ичип жиберип, алаканын жая:

    - Кудай тилегиңди берсин Жамаке, эмки жылы жентек жейли, эркек уулдуу бол! Оомийин!

    Бардыгы жапырт бата кылышты. Кыдыр аке артына карабай шып бастырып кетти. Жарданып тургандардын айрымдары кемтик сөздөрдү узатпай калышпады.

    - Жөн тур, жаман сөзүңдү өзүң ал. Ал кишини кыдыр колдогон, эки жагында эки жолборс коштогон колдоочусу бар, - деп ак санагандар тыйды.

    Кийинки жылы күздө Кереге-Таш тарапка күтүрөтүп мал айдагандар, артында ак элечек аялдар келатты. Аны дөңдө отурган Кыдыр акелер байкап отурушту. Көрсө, Жамаке бай уулдуу болуп, жентек бергени келаткан тура, топ мал ошого арналган.

    Калыстыгы – кашкөй

    Өткөн кылымдагы Үркүндүн капшабы элди мүңкүрөттү, берекесин самандай сапырды, көпчүлүк азып-тозду. Жаз ала-шалбырт, аңыз талаада кар астында калган буудайдын үшүгүнө карабай жешип, курсак тоюнбай, ак шишикке алдырып, жарык дүйнө менен кош айтышкандары да жок эмес. Эптеп өлбөстүн күнүн көргөндөр жайнайт. Атакан менен Капкан бай суу жээгиндеги шуудурап өскөн камышты оруп, соодалап сатып бала-бакырасын багып, Такабай Берди деген киши Караколдун базарына жалгыз өгүзүн сатууга алып баратканда Жыргалаңдын суусу ашып-ташып агып, кечүү жок. Сууга кирсе адам тирүү калбачудай. Бул оргуштаган суудан чочулаган Берди эмне кылаар айласын таппай калат. Кайра кетейин дейт, үйдөгү балдарынын нан деп ыйлаганы кулагына кайталанып угула берет. Ошол учурда Берди аксакалга Атакан жолугуп, бозого тойгузат. Ошол тегеректе бозочулар сатык менен алектенчү экен. Берди бозого карк тоёт. Эки шылуун эбин таап өгүздү союп, этин жымырып катып салат да Бердиге келишип:

    - Өгүзүңүз байлаган жерде жок, эмне кылабыз, - дешет. Берди башына аска кулап түшкөндөй болот, ыйлап жибергиси келет. Аргасыз экөөнү жалооруй карайт.

    - Болушуңар ким? Мен ошого барайын, абалымды айтайын, - дейт Берди. Берки экөө бул сөздү укканда коркуп кетишип:

    - Бул жерден жоголбойт, бир жумадан кийин келиңиз, таап коёбуз, - деп жолго салышты. Берди болжогон күнү келет. Өгүзүн таппай, жер сыйпалагандай болду. Айласы куруду, акыры Кыдыр акени издеп таап, датка отурду. Бердинин доосун кунт коюп уккан соң:

    - Ка-ап убара болгон экенсиз да Капкакбай менен Атакан менин элим экени ырас, жокчулуктун жону катуу, кечирип коюңуз. Колунда жок байкуштар убара кылышкан тура, деп карыяга лампук чапан жаап, 25 теңге бериптир (10 сомго жараган күлүк сатып алууга болот). Кыдыр акенин кашкөй калыстыгын Берди карыя калың элдин кыйырына жеткирген экен.

    Кыдыр акенин насилдеринен

    • Орус эли аттын түгү болсо, кыргыз эли аттын кашкасындай.
    • Адамдын пейилинин кеткени дүйнөнүн тардыгы.
    • Кудайым кишинин ички дүйнөсүн тар кыла көрбө.
    • Итке итче тиш ырсайтсаң, өзүң ит болосуң.
    • Ниетиңди оңдо, пейилиңди бузба, ач көздүккө азгырылба
    • Урушпай ажырашсаң, уялбай учурашасың.
    • Туура бийде тууган жок, тууганга тартсаң ыйман жок.
    • Комузчулук элибиздин өлбөстүгү, өчпөстүгү.

    «БЕШ БАЛА» УРУУСУНУН БАЯНЫ                       (Мазмунга)

    Беш бала баянын жазууга ниеттенип калем алып, изденип, айыл-айылдардагы санжырачыларды маекке тартып, түпкү тегибиздин таралышын сурамжылагандан бери көп мезгил өттү. Ушул максат менен өлкөбүздүн баардык аймактарында, ошондой эле Кытай Эл Республикасындагы кыргыздар жашаган Текес жергесинде болуп кайттым. Ошондуктан Сиздин колуңуздагы бул китептин жазылышына түздөн-түз түрткү беришкен улутубуздун тарыхын байытып, уруулардын узун жолдорунун учугун улантып келишкен салабаттуу санжырачы агаларга жана инилерге зор ыраазычылыгымды билдиремин. Анткени, алардын айткандары ар үрдүү болсо да түпкү негизи бирдей, өзөктөш, окшош окуялар, элестүү сүрөттөөлөр, каармандардын аты-жөнү так берилгендигинде. Мүмкүнчүлүктүн болушунча тарыхый булактардын негизине, санжырачылардын айтышкан маалыматтарына таянып, уруубуздун кандай таралышын төмөндөгүдөй катар менен жайлаштырдым. Тынымсейит уруусу Орозбактыдан тарагандар, түпкү тегибиз Кылжыр. Анын улуу баласы Орозбакты, андан Арык мырза, Асан мырза, Мырзакул мырза, Кара мырза, Токоч мырза - беш уул. Ошол беш уулдун бири Мырзакул мырзадан Алсейит менен Тынымсейит.

    Тынымсейит тукумдарын өзүнчө таратып, анын бир бутагы болгон Беш бала уруусуна кеңири токтолсом, Тынымсейиттин тукумдары Көлдө, Нарында жана республикабыздын көптөгөн райондорунда жайланышкан. Тынымсейит эки аял алган экен. Турга деген аялынан балалуу болбоптур. Сула деген аялы үч уул төрөгөн экен: калдуу Кабели, жалдуу Жалбеги жана Мортук. Кабели сүйкүмдүү, буудай жүздүү, ажарлуу жигит экен. Ал саяктын ай чырайлуу кыздарына абдан жаккан деп айтылат. Кайын-журту айтылуу Кабадан болуптур. Жалдуу Жалбеги көз тийбесин деп, ата-энеси «Шалтак» деп чакырып, Шалтак аталып калат. Ал эми үчүнчү уулу Мортукту Канмортук деп аташат. Үчөө тең санжырада Кабели, Шалтак, Канмортук деп айтылып жүрөт.

    Кабелинин өрүшү малга батпай, байгер, эл журтуна кадырлуу, дасторкону кенен, ирегесинен май аккан бай экен. Кабели – Токтомуш, Отор деген эки балалуу болот. Отор Ооганистандагы “Сүмбө” деген калмак айылында калган. Анда калган себеби, Тынымсейит уруусунда Мейизкан (калмак кызы) деген келиндин күйөөсү өлүп, жыл маалы болгондо төркүндөрүнө барып, учурашып келсин деп, шарт боюнча жеңелери жеткирип келишет.

    Бир топ убакты өткөндөн кийин “сагынчы тарады, алып келгиле”- деп кишилерди жиберсе Мейизкан келбей коёт. “Эгер Отор кайним кара аргымагын минип, алгыр кушун кондуруп келсе барамын”, - дейт. Отор атты минип, кушту кондуруп, эки жигит, эки келин менен Мейизканды алып келүүгө барат. Аларды эки-үч күн коноктогондон кийин Мейизкан убадасына турбай: “Мен Отор кайниме турмушка чыгамын, экөөбүз бул жакта калабыз. Силер болсо үйүңөргө кайткыла, бизди алып кетебиз деп экинчи убара болбогула. Эгер дагы келсеңиздер чоң чатак чыгат”, - деп катуу эскертет. Ошол боюнча Оторго эч ким барбайт. Ал эми Токтомуш акылдуу болуп өсөт. Кабелинин көзү өткөндө тун уулу Токтомушка жылкыдан эле 2000 баш мураска калат. Бул жөнүндө Тынымсейит уруусунан чыккан санжырачы Найманбаев Мукаш өзү изилдеп чыккан малыматтарын 1998-жылы санжырачылардын жыйынында жарыя кылган.

    Биздин түпкү тегибиз Токтомуш экенин айттык. Токтомуштун үчүнчү аялы Буурчактан тараганбыз. Буурчак энебиздин киндик каны тамган жери Лейлек. Атасы бардыгер, бай болгон. Токтомуш атабыз Нарындагы Тынымсейиттердин эң байы жана эл билген кадырманы болуптур. Жайыт толо төрт түлүгү жайнап, мал киндиктүү жерлерде турушкан. Дүйнөсү дүркүрөп, өрүшү малга батпай турган чакта кудайдын жазмышы экен, Токтомуштун ичкен суусу түгөнүп, көрөөр күнү бүтүп, түбөлүк жайына аттанат. Балдарына «ынтымактуу жашагыла» деген мурас сөзү, түмөндөгөн малы калат. Күндөр өтө берет. Тууган арасында ар кандай пикир келишпестиктер пайда болуп, байбиченин балдары токолдун балдарына кодулоо көрсөтө баштайт. Улуу байбиче да балдарынын сөзүн жактап, күнүлөштүк күчөп, токолдун балдарын жектейт. Балдар үчүн Нарын жакшы жай болбой турганын сезген Буурчак эне перзенттерин ээрчитип, төркүнүнө – Лейлекке көчүп кетет. Кээ бир санжырада Буурчак эненин төркүнү Анжиян болуп аталат, себеби ал заманда кыргыздар түштүк Кыргызстанды – Баткен, Ош, Жалал-Абадды Анжиян деп аташчу. Бул мезгил болжол менен 1750-1760-ж.ж. болуш керек. Балдарынын улуулары Мамат, Дүйшөгулдар чоңоюп калышкандыктан инилерине баш-көз болуп, оокатка бүйрө чыгып, жаман ишке барбай, ак ниет өсүшөт. Тайлары балдардын тырышчаак, ак көңүл, ар нерсеге жөндөмдүү болушканына чын ыкластан кубанышат да, аларды эркине коюп, жакшы шарттарды түзүп беришет. Мындай мамилеге эжеси Буурчак да ыраазы. Ошентип, балдардын үзүлгөнү уланып, жыртылганы бүтөлүп, көңүлдөрү көтөрүлүп, тың оокат кылышат. Лейлектиктер менен камыр-жумур аралышып, бар жокко чыйрак, боорукер, кайрымдуу жигиттерден болуп жетилишет. Тапшырылган жумуштун майын чыгарышып, жалтанбастан иштешкен беш бир туугандар таякелеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болушат. Ошентип таякелери чоң ишеними менен аларга төрт түлүк малын бактырууну ниеттенишет.

    Бир күнү улуу таякеси жээндерин өзүнө чакырып алып: - Биздин жылкыларга суук колдорун салгандар көбөйүп барат. Ууруларга куугун жок дешеби, күчөгөндөн күчөдү. Мындан ары эмне болоорун билбейбиз. Аларды бий-болуштар жиберди деген имиштерди айтышат. Туура көрсөңөр силерге жылкыларды өткөрүп берсемби деймин, - дейт.

    - Муну сизге небак эле айтсакпы дегенбиз, бирок, айткандан айбыгып, мал талашып жаткандай болбойлук дедик. Сиз жиберсеңиз биз барууга даярбыз, - дешти бир ооздон. Таякеси абдан кубанды. Ал кезде мал ошончолук көп болсо да, тартип начар, уурукески абдан көп, колдон талашкан учур эле. Семиз малды көрсө эле алдуулар жигиттерин жумшап уурдатып, союп алышып, күлүктөрдү, жорголорду да талашып турушкан. Мындай жаман жоруктардан улам тынчсыздануу күчөйт. Эми Дүйшөгулдар жылкыларды карагандан бери ууру-кески тыйылды. Чабышкандар менен чабышты, өнөгүн беришпей, намысты колдон чыгарышпады.

    Буурчак эне балдарынын тың жана чыйрак өсүшкөнүнө жетине албай, бөтөнчө өзүнүн туугандары жээндерине көргөн камкордуктарына, адамкерчиликтерине абдан ыраазы. Буурчак эненин төркүндөрү жыл ичинде шерине ичишет (кезек менен милдеттүү тамак) Биз менен насиптеш болушсун деп таякелери жээндерин шеринеге чакырышат. Ошондо Буурчак эне шерине бергендерден бир чакадан шак суратып, жашап турган үйүнүн бурчунан ороо каздырып, эчкинин жүнүн кошуп ылай менен шыбатып, ичин карапа кылып күйгүзүп, шерине бүткүчө ар кимден алган шакты бозо кылып ороого куйдура берет. Буурчак эне балдардын улуулары Мамат менен Дүйшөгулду бир таякесине жиберип, эки кой суратып алат. Кезеги келгенде Буурчак эне: “Эми силер дагы катардан калбай таякелериңерди шеринеге чакыргыла, дасторкондон даам сызып, сый урматыңарды көрүшсүн”, - деп эки койду сойдуруп, баягы ороодогу бозону сүздүрүп, конок күтүшөт. Бирок узакка турган бозо киричмеге айланып, келгендер мастыктан эки жаат болуп мушташып, чатак чыгып кетет. Ошентип шерине да бүтөт. Буурчак эненин алты баласынын кичүүсү Жалгамыш кичинекей болгондуктан шеринеге барбай, бешөө гана баруучу экен. Ошондон улам “беш бала кайда, беш баланы шеринеге, тамакка чакыргыла” деп отуруп, Токтомуштун тукумдары “беш бала” аталып калган экен.

    Бир мезгилде Лейлектик белгилүү адамга чоң аш берилет. Ашка түп көтөрө кыргыздын бардык дубанынан эл билермандары, баатырлары, менменсиген байлары чакырылат. Бардыгына найзакерлериңерди, балбаныңарды, күлүгүңөрдү ала келгиле деп кабар берилет. Ашка Оштон, Нарындан, Көлдөн, Суусамырдан, Жалалабаддан эл агылып келет. Адаттагыдай эле ашта ат чабыш, оодарыш, ордо, кыз куумай жана башка түрдүү оюн-зоок өткөрүлөт. Эр сайышка кезек келгенде таякелер тараптан киши табылбай, бир топ убакыт күтүп калышат. Ошондо таякелеринин намысын коргогону жыйырма жаштагы Дүйшөгул кара кашка аты менен чыгат. Найзалашуу катуу болуп, көпкө алыша албады.

    Үчүнчү жолку беттешүүдө Дүйшөгул эч жалтанбай, каршылашынын көзүн теше карап, тике мандайынан качырды. Көзү оттой жанып, каршылашын жутуп жиберчүдөй сүр көрсөттү. Атаандашы, көзүн жуумп жиберди, ошондо оңтою келе түшүп, ачыла түшкөн акырекке уруп өтүп, аттан оодара сайды. Жардагандар жапырт удургуп: - Азамат! Азамат! - деп жар салышты. Чоң таякеси кубанып, «Беш бала» деп ураалап, Дүйшөгулга жүгүрдү. Эл да «Беш бала» деп кыйкырып, сүрөөнгө алгандарын сезбей калышты. Энеси Буурчак «атасынын арбагы колдоду, аман болгула, намысыңар туу жыкты» - деп кубанганынан көзүн жаштады. Ушул таймаштан кийин Токтомуштун балдарын эл да «Беш бала» деп сыймык менен атады. Тынымсейиттин беш бала уруусу ушинтип жаралып, кыргыз элине белгилүү болгон экен. Дагы бир жолу алыстан жылкы сүрүп келүүгө бел байлашты. Өздөрүнүн үйүр-үйүр жылкыларын коңшу жылкычыларга, жигиттерине табыштап, инилери менен Дүйшөгул аттанып кетти. Дүйшөгул Казактын кең талаасын кыдырып, эч билгизбей барып, кең жайлоодо жаткан жылкыларды көрүштү. Аттын бооруна жабышып, кайсы айгырдын үйүрү менен ээрчий турганын баамдап, өзүлөрү жатышкан жерге келип, түндүн киришин күтүштү. Жылкычылар эч нерседен капарсыз аттарын бири-бирине байлаштырып, мемиреп терең уйкуга киришти. Ай батып бараткан чакта, Дүйшөгул атына боортоктоп, дабыш чыгарбай, байлануу аттарга жетип, аларды агытып, өзү белгилеген айгырды алдыга сала жөнөдү. Инилери да үн чыгарбай, жылкылар узаганча аралашып келе беришти. Таң сөгүлгөн кезде жылкыларды шатырата айдап, изин таппагандай адырларга салып, суу бойлото күндүк жолду басышты. Эртеси жылкыларды күтүрөтө айдап келишкенде. Таякелери жээндеринин бул эрдигине чексиз ыраазы болушту. Бардыгы мурда эле үй-жайлуу, өзүнчө айыл болуп, түтүн булатып калышкан. Бул жерде алардын кадыр-баркы, мартабасы көтөрүлүп, эл оозуна алынып, аброю өстү. Ал эми беш баланын уулдары киндик каны тамган Теңир-Тоону эңсеп, айтууга ыңгайын издеп жүрүшкөндө, Кудай жалгап чоң таякеси өзү келип калат. Бардыгы таякесин жадырап-жайнап тосуп алышат, алдына түркүн-түркүн тамак аш коюшуп, сыйлашат. Алдыга аш келгенде таякеси бир кеп чыгаарын сезип кулак төшөйт. Тамак ичилип бүткөн соң:

    - Урматтуу таякелер, биз боорубузду жерден алганы силер караан-бутак болуп, жетилттиңер, абройлуу өстүрдүңөр. Жетимдин ашын жегизип, кийимин кийгизген жоксуңар. Эрезеге жеттик, үй-жайлуу болдук, элге тең ата өстүк. Бирок элин сагынбас эр болбос, киндик кан тамган жерибизди сагындык. Эми бизге уруксаат берсеңиздер, батынып айта албай жүрдүк эле, - дешти.

    - Оо, акылыңардан айланайындарым! Мен да качан айтаар экен деп жүргөм, өздөрү айтпаса, биз кодулагандай болбойлу дегенбиз. Силерди ак бата менен узатабыз, тапкан-ташыганыңар өзүңөргө таандык. Биз берген энчилердин чып-чыргасын коротпой, кайра үстүнө кошуп алгыла, бир боорлорум, - деди таякеси.

    Ошентип, таякеси жүрөк жарыла кубанып, эл-журтту чакырып чоң той берип, жээндерин шаан-шөкөт менен узатат.

    Беш бала тукуму киндик каны тамган, ата-бабам мекендеген жер кайдасың дешип, Ата-журтту көздөй сапар алышты. Ар бир коктудан жашашкан Лейлектин эли суусундук сунуп, чаңкаганын кандырып, көчкө ак жол каалап: «Сапарыңар байсалдуу болсун!» - деп шаңдуу узатып жатышты.

    Теңир-Тоого, мал киндиктүү Нарынга эсен-аман көчүп келишип, ага-туугандарына аралашты. Жер-сууну ээлешип, күтүрөтүп малын өстүрүп, оокаттарын тың күтүшүп, бардар өмүр кечире башташты. Бул жерде жашаган жарды-кембагалдарга аркасы тийип, малынан кайрылышып, жардамдарын көрсөтүп турушту. Нарындын Орто-Нура айылында Беш бала деген жер бар - ал бүгүнкү күнгө чейин Беш бала жери деп аталат. Токтомуштун Дурбук, Үсөнай аялдарынан төрөлгөн балдары да жоомарттык кылышып, аларга атадан калган мал-мүлктөн беш баланын үлүштөрүн бөлүп беришет. Мурунтадан көп жерлерди кыдырып, жердин шартын жакшы түшүнгөн беш баланын урпактары илгертен атабабалары жашаган Ысык-Көл өрөөнүн көрүшүп, мал бакканга кышы жумшак, жайкысын дыйканчылыкка да ылайыктуу дешип Көл тарапка оошту. Бул мезгил болжолу 1870-90-жылдардын аралыгы болуучу. Алгач көчүп келгендер кийинки туугандарын чакырып, арасына кошуп алышып турду. Көлдүн Көк-Сай аймагын ээлешти. Бул жер малга да, жанга да эң жакшы жер сорусу. Мына ушул жерде беш баланын укум-тукуму көбөйүп, өнүп өстү. Короо толо майда жандык, үйүр-үйүр жылкы, бадалаган уй өрүшкө батпайт. «Аккан арыктан суу агат» демекчи, бай, оокаттуу жашаган ата-бабаларыбыз алыш-бериш ымаланы бекем сактап, жалпы Алсейит, Саяк, Алакөз сыяктуу башка уруулар менен келим-кетимдүү турмуш кечиришти. Нарындык тынымсейиттердин жайлоосу, Тоңдун Көк-Сайдагы тынымсейиттин Кабелисинин балдарынын жайлоосу – Арчалуу, Буркан, Каракаман, Кара-Саз. Мындайча айтканда, бирөө Нарында, бирөө Көлдө болсо да, жайкысын жайлоолору чогуу болгон.

    Атам Акмат уулу Урсай айтып калчу эле: - “Атадан калган сөздү угуп ал балам”. Токтомуштун үчүнчү аялы Буурчак энеден тараган балдары Лейлекте беш бала атанып,өтө тың чыгышкан. Лейлекте алардын атынан “Беш бала” деген жер бар. Жетим жүрүп жетилишип, таякелеринин жылкысын багып, ат үстүндө эр жигит болуп байышып, асты эр сайышка түшүп баатыр болуп, намысын колдон чыгарбай, тийишкендин катыгын беришет. Жеке кызыкчылыктарын көздөбөстөн жалпы Токтомуштун тукумунун намысын коргошот. Ушундан улам көралбаган душмандар: “беш бала” эмес эле “беш балээ” экен дешип, алардын эрдигине моюн сунушат. Булар Нарынга келишкенден кийин Дурбук, Үсөнай байбичелердин балдары менен чогуу беш бала аталып калышат. Мындайча айтканда, Тынымсейиттин балдары Шалтактын, Мортуктун тукумдары - Тынымсейит уруусу, Тынымсейиттин Кабелисинин тукумдары беш бала уруусу деп эл ичинде айтылып келет”.

    Боромбай бий орус падышалыгына кол созгондо да беш бала тукуму четте калышпады. Боромбай бий ак падышага элчи жибергенде алардын арасында беш баланын аксакалдары да бар эле. Бул: “1844-жылы бугу уруусунун чоң манабы Боромбай Менмурат уулу деп жазат Муратбек Кошоев өзүнүн «Кыргыз элинин тарыхы жана руху» деген китебинде, 175-бет, - өз уруусунун атынан батыш Сибирь генерал-губернатору Лугунага кат менен кайрылат. Орусия казак жүздөрүн толук баш ийдире электигинен улам кыргыздар менен тыкыс ымала жана алака түзүүгө даяр эмес болгондуктан кыргыздардын ал өтүнүчү канааттандырылган эмес». Биз андан ары тарыхка сүңгүп кирсек окуя чиелене берет. Алгачкы кайрылууну даярдагандан кийин тынчтанып калышкан жок. Бул мезгилде какаганга муштаган болуп, кыргыздардын өз ичинен жаңжал чыгып, ал күч алып, алоолонуп күйө баштаган. Өзгөчө 1854-жылы башталып бир нече жылга созулган бугу менен сарбагыштын чабышы кандын арбын төгүлүшүнө алып келди, эл азапка малынды. Ошондо бугу уруусунун бийи Боромбай кайрадан Орусияга кол сунуп, ымала түзүүгө белсенди. Ошентип өз элчилигин Батыш Сибирге кайрадан жиберип, өз уруусун Орусиянын букаралыгына алуу өтүнүчү менен кайрылган. Бу сапар өтүнүч кабыл алынып, бирок ар кандай олку-солкулукка барып жатып, 1863-жылы гана жүзөгө ашырылган. Бул ымалага беш баланын тукумдары да өз салымдарын кошушкан десек ашыкча болбос. Ошентип, “Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» дегендей улуу, түптүү элдин колун ушинтип кармашкан экен. Орусия өз букараларын күнөстүү Кыргызстанга жөнөтүүнү күчөткөн. Тарых тастыктагандай Ысык-Көл аймагынан 50 миң теше түшүмдүү, суу баскан жерлер орустардын ээлигине өткөн. Кыргыздар акырындык менен тоо таянып, мал менен оокат кыла баштаган. Ошол оор заманда кыргыз уруусунан да көрүнүктүү уул-кыздар өнүп-өсүп чыгышкан. Менин чоң атам Акмат жаш кезинен эл башкарып, атка минип бий болгон. Жалгыз Тынымсейиттин ичинде гана эмес, Алсейиттин, кала берсе саяк уруусунун арасында абройлуу болгон экен. Орусиядан келген келгиндер менен ымаласы, алакасы жакшы болуп, ак падышанын да ишеничине арзыган. Кезегинде Кресть орденин да алыптыр. Бул өзүнүн байлыгынын, адамкерчиликтүү мамилесинин натыйжасы эле. Кыскасы көлдүн тескейинде төбөсү көрүнгөн бардыгер билермандардан экен. Дегени деген, айтканы айткан, сөзү өтүмдүү, колу ачык, кадырлуу жашап жаткан кезде алаамат башталат…

    Колониялык саясатты көздөгөн, орус падышачылыгы элден аскер алууга каршы чыккан көтөрүлүшчүлөрдү жазалоо максатында кыргыздарга каршы өз аскерлерин 1916- жылы күзүндө жөнөттү. Ошентип жергиликтүү эл менен орус аскерлеринин кандуу кагылышуусу башталды.

    Элдин үрөйү учуп, баш калкалоо үчүн ыйык жерин таштап, Кытай тарапка үркүп жөнөштү. Тоңдуктар Тоң сырты менен качып жөнөштү. Сыртка бардыгы жетип калган кезде арттан орустун аскерлери жете келип кыргыздарды аткылап, кийик аткандай каракчылады. Акмат чоң ичик кийип, чоң карагер жоргосу менен алдыда болучу. Капысынан бурчтан чыга калган орус жоокери Акматты жоргосунан кулатты. Кулап түшүп, чалкасынан эси ооп жатып калат. Ичиктин боору ачылып, Акматтын төшүндөгү орус өкмөтүнүн ордени күнгө чагылышып турат. Кыргыздар «итке темирдин кереги не» дегендей, аны менен иши жок, жанын коргоп, аман калуунун аргасында болот. Жете келген желдеттердин командири чалкасынан жаткан Акматты көрүп, анын төшүндөгү Кресть ордени экенин, бийдин белгисин көрө сала колун жогору көтөрүп, - Атууну токтоткула, бул киши ак падышанын кишиси экен. Эли менен ыктуу жайга мал-жаны менен жеткирип койгула, - деп буйрук берет. Командир ордунан туруп:

    - Орусча билген барбы араңарда, - деп сурайт.

    - Мен билем, - деп атамдын Маамыт иниси жооп берет.

    - Сен биз менен кетесиң, буларды ылайыктуу жерге жеткиргиле, - деп буйрук берип аттанат.

    Алган жаратынан Акмат ата ат мингенге, басканга жарабай ага-туугандары, мал-жаны болуп баш калкалоочу жай издеп Ат-Жайлоодон өтүп, өзү мурун билип барып жүргөн Казан-Төргө чыгып токтошот. Бул жер тегереги бүтүндөй тоо менен курчалып, ортосу чуңкур, накта казанга окшош, малга чөбү кенен, суусу мол, тыштан келчү бир гана жолу бар. Бүт малы кенен батып, бардык ага-тууганы аман-эсен калышат. Казан-Төрдө Акмат ата жаратынан бир-эки айдай убакытта дарыланып айыгат. Эки айда кыш келип Кытайга өтчү ашуулар бекип, чоң атабыз эли менен Казан-Төрдө кышташат. Ошол алаамат чыкканда Акмат элүү жашта экен.

    Орус желдеттеринин командири кошо ала кеткендер түз эле Кочкор тарапка бет алышат. Жер кыдырып катуу жүрүп, Шамшыны ашып, эки-үч күндө Токмокко түшүшөт. Түн пардасын тартып, улам караңгылык коюулана баштайт. Тигилердин сүйлөшкөнү Верныйга баруу экенин билип, Маамыт качуунун ыгын издейт. Бардыгы аттарын өргүтүп, ээр токумдарын алып, жайдактап, өздөрү уйкуга баш коюшат. Маамыт уктамыш болуп жатат. Тигилер уйкуга киргенде өзүнүн атына жетет да, шап минип келген жолуна түшөт. Бир аздан соң туюп калгандар артынан кууйт. Бирок, узай түшкөн Маамыт сууга салып, төтө жол менен ашууга беттейт. Ашууга жеткенде башындагы тебетейи жок экенин билет. Ал атка шаша мингенде тебетейи ыргыганын сезбей калган. Түндүн кыйласында сууктун жандан өткөн ызгаарына карабай ашуудан ашып түшөт. Ошондо оң кулагын үшүккө алдырып, ал кулагы чулуюп калыптыр. Жанын сабап олтуруп эртеси түшкө жакын эл- журтуна Казан-Төргө жете келет. Эли азап-тозоктон кутулганына ишене бербей, үрөйлөрү учуп, жүрөктөрү түшүп, ар кайсы жерде корголоп отурушканын көрүп:

    - Оо эл-журт эсиңерди жыйгыла. Орус желдеттеринен качып келдим. Аларга төтө жолго түшүп таптырган жокмун. - Бу биз турган жерге жете алышпайт.

    - Оо, айланайын, кулагың эмне мынчалык кып-кызыл? Үшүккө алдыргансың го? – деп сурашат. - Кулак кара жерге кирсин, силер, эл-журтум аман болсун! Мына өзүңүздөр көргөндөй кыштообуз айланасы тегерек тоо-аскаларга курчалган. Учкан куштан башка эч жан келе албайт. Тургула, үйүңөрдү тигип, отунсууңарды камдагыла. Акмат абам тыңып кетсе анан көрө жатарбыз кийинкисин, - деп Маамыт элди жайгаштыра баштайт.

    Кыш бою эч бир жан каттаган жок. Как эткен карганын, кук эткен кузгундун үнү угулбады. Ит-куш да келе албачудай, кулак-мурун кескендей тынчтыкта кыш да өттү. Жаз мээримин төгүп, жадыраган күн нуру да күлө кирпик какты. Жер бети жылып, кар ээрий баштады. Казан-Төрдө дале кышкы суук өкүмдүк кылат. Ошого карабастан адамдардын тиричилиги кыбырап өтүп жатты. Акмат мыкты жигиттерин тандап, туш тарапты чалгындоону ойлонуп, эки тарапка жигиттерди чаптырды: бирин көл тарапка, экинчисин Кытайга жөнөтүп элдин аман-соосун, ал-абалын билүүнү да тапшырды. Кытайга жибергендерин «байкуш качкын боордошторубуздун көргөн күнү кандай болду экен, аман-соо бар бекен, алдуу-күчтүүсү алсыздарга жөлөк-таяк болду бекен?», - деп аттандырды. Көлгө келген жигит бир жумада эле кайра тартып, буларды кабарлады.

    - Көл тарап ээн экен. Кытайга качкандардын алды эми гана бирин-серин келип жатыптыр. Келгендер эптеп оокаттарын өткөрүп жатышат. Оокаттары тартыш, айрым жерлерде ачкачылык бар экен, - деди.

    Кытайга кеткен жигит бир айга чукул убакта келип, ал жактагы элдин абалы оор экендигин, бардыгы арып-ачып, илең-салаң Ысык-Көлгө келип жатканы туурасында баяндады.

    Эл топ-тобу менен келип жатты. Акмат чоң атамдар эли менен Көк-Сайга көчүп келишкен. Кытайдан кайра келишкендердин колунда эч малы жок, майда балдары менен кыйналып жаткандарын өз көзү менен көргөндүктөн ар бирине саап ичкиле деп мал таратты. Башын аман сактап, кайтарып бересиңер, сүтү, жүнүн пайдалангыла, төлүн өзүңөргө алгыла, - деди.

    Буга арып-ачып келгендер чексиз ыраазы болушту, анткени бул жерде эки айылдын бүт эли малдуу болушту. Жаңы заман өтүп жатты өз багыты менен. Совет бийлиги ички душмандардан тазаланып, бай-манаптарды кулакка тартуу кеңири кулач жайып баратты. Айылдардан төбөсү көрүнүп калган жакшы оокаты бар адамдар кулакка тартылып, Сибирге, Украинага жөнөтүлүп жатты.

    Күн-түн айылдарды кыдырып, кулакка тартылуучуларды таап жүргөн өкүлдөр көбөйдү. Түн жамынып алардын бири Акмат чоң атама келип:

    - Сизге түн катып келгеним, сиз жер которуп кетпесеңиз болбойт. Анткени сизди көздөп тургандар бар. Менин тилимди алсаңыз, - деп аттанып кетти. Бул өкүл Акмат атаман жардам алгандардын бири экен. Ошондо эч кимге көрүнбөй Жети-Өгүз тарапка ооп келип, Кайыңды деген тоо этегиндеги аймакта баш маанектеп калды.

    Жогоруда Үркүнгө чейинки беш балалардын таржымалы баяндалды жана беш баланын Маркабайынан тукуму Акмат баштаган элдин Кытайга барбай мал-жаны аман-эсен Көлгө кайтышканын, Көк-Сайдан Жети-Өгүзгө көчкөндүгү билинди. Бешбаланын көпчүлүгү негизинен жалпы көлдүк кыргыздардай эле Үркүн убагында Кытайга оошкон жана баштарынан оор мүшкүлдөрдү өткөзүп, көп адамдар каза болуп, мал-жанынын көпчүлүгүнөн ажырап, асты бир жылдан кийин, кээ бирөө 2-3 жылда кайтып келишкен. Алардын көпчүлүгү өз жерине Ак-Сай, Көк-Сайга келип отурукташкан.

    Беш баланын Сатыкесинен тарагандардан: Чалбай балдары менен Көк-Сайдан 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып баратып өзү жолдо каза болот. Чалабайдын балдары: Жумабай, Урабай, Эркеган, Канышай, Атамкул 200 жылкы менен Кытайга жетет. Арадан аз убакыт өтпөй жылкылар уу чөп жеп кырылат. Ачкачылыктын азабынан Чалабайдын балдары ар кайсы жерге тарайт. Ошол убактарда Урабай Ысык-Көлгө келип- кетип майда соода сатык жүргүзүп байланышып турчу.

    1920-жылы Көлдүн эли тынчып, Совет өкмөтү орноп калган учурда, Чалбайдын балдары өз элине кайтмак болушат. Бирок Жумабай ата табылбай, Кытайда кала берип, укум-тукум көрүп, кийин каза болгон дешет. Балдары бар деп угабыз, болжолу Артыш, Турпан жактарда турушат. Калган бир туугандарын Урабай баштап Жети-Өгүздүн Жалгыз-Өрүк айлына келишет. Урабай ата калыс, тың, түз сүйлөгөн адам болгон. Айылдын аттуу-баштуу кишилери Ыбрай, Чекир, Адылбек, Баатырбек жана башкалар менен Кичи-Кызыл-Суунун ичине апийим айдашып, аны Кытайга ташып, ал жактан мата, кездеме алып келишип элин багышкан. Урабай ата 1949-жылы каза болгон, андан Сартбай, Жолочу. Уулу Сартбай 1917-жылы Кытайда төрөлгөн. Ал атасын тартып тың чыккан. 1934-36-жылдары Украинанын Киев шаарында аскердик училищада окуйт, бирок кайсы жерде, качан иштегени белгисиз. 1938-39-жылдары Украинадан өз айлына мотоцикл тээп келип айылдыктарды таң калтырган дешет. Улуу Ата Мекендик согушка башталгандан катышып, 1943-жылы курман болот, сөөгү Сталинград облусунун Морозовка айлынына коюлат. Чалбай атанын кызы Эркеган эже Саруу айлына Чабалдай деген кишиге турмушка чыгат. Чабалдай жездеден Жапар (обончу, ырчы), андан Аскар, экинчи кызы Канышай - Барскоон айлына турмушка чыгып, Жүзүмкан аттуу кыздуу болушат.

    Атамкул атабыз 1899-жылы Тоң районуна караштуу Көк-Сай айлында төрөлгөн. Жогоруда айтылгандай Кытайдан келгенден кийин 1920-жылдары Жалгыз-Өрүк айлына келип туруктуу жашап калышат. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, №386 аткычтар полкунда кызмат өтөп, 1943-жылы оор жаракат алып, өз айлына кайтат. Калган өмүрүн колхоздо иштеп 1971-жылы 17-майда дүйнөдөн кайтат. Айта кетчү нерсе, менин чоң атам Жумабай уулу Акмат Көк-Сайдан кулакка тартылаарда качып келип Атамкул аталарды баш калкалап 1-2 жыл Жалгыз-Өрүктө турган.

    Атамкулов Жакшылык 1933-жылы Жалгыз-Өрүк айлында туулган, бала кезинен ата-энеси менен малда жүргөн, 7-классты бүтүргөндөн кийин, өз алдынча чабан болуп иштеген. Эмгеги жогору бааланып бир нече Ардак грамота, медалдар жана ”Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланган, 2007-жылы дүйнөдөн кайткан. Жакшылыктан Абдылдабек бала-чакалуу, өз айылы Жалгыз-Өрүктө дыйкан чарбасы менен алектенет.

    Атамкулдун калган балдары Сабырбек, Дөлөс, Орозон, Орозаалы Жалгыз-Өрүк, Кызыл-Суу айлында бала-чакалуу болуп жашап турушат. Жети-Өгүздөгү беш балалардын баяны Атамкулов Абдылдабек Жакшылыковичтин айткандары боюнча жазылды.

    Ал эми Жети-Өгүз районунун Жеңиш (Чычкан) айлындагы беш баланын Көк-Сайдан азыркы жерине келиши, качан, канча киши, ким алып келген, эмне себептен - өтө так эмес. Биз сүйлөшкөн адамдардын айтуусуна караганда Жүдөмүштөн Байгазы болуш (желдең уруусунан 3 жолу болуш болуп шайланган) менен беш баланын Сатыкенин балдары карын бөлө болуп, кандайдыр бир себеп менен Чычкан (азыркы Жеңиш) айылына көчүп келишет. Үркүндөн кийин Чычкан айылындагы беш балаларга Көк- Сайдан Жумабай уулу Акмат силерди өз айылыбызга көчүрүп кетебиз деп келет: Бирок Байгазы болуш бул беш балалардын жаманчылык, жакшылыктагы үлүштөрүн биз кошуп туралы, азырынча калтыргыла деп суранып Акматка астына ат миңгизип, үстүнө ичик жаап, башына тебетей кийгизип узатышат. Азыркы убакта Жеңиш айлында 35 түтүн беш бала жашайт, 11 түтүн Бишкек, Балыкчы, Каракол шаарларында жана Кызыл-Суу айлында жашашат. Беш бала уруусунун он башчысы Дүйшеев Аскарбек, Жеңиш айлынын он башчысы Декебаев Таалайбек.

    Беш бала уруусунун көп түтүн жашаган айылдары бул Ак-Сай, Көк-Сай, Оргочор, Сары-Көл (Михайловка). Беш балалар Нарындан - Ак-Сай, Көк-Сай андан кийин Оргочор, Жалгыз-Өрүк, Жеңиш айылдарына келгени жогоруда айтылды. Ал эми беш балалардын Сары-Көлгө келиши Үркүнгө чейинки мезгилге туш келет. Тактап айтсак 19 кылымдын аягында 1-2 үй-бүлө азыркы Михайловка айлынын тегерегине көчүп келген өңдүү жана Үркүндөн кийин Дүйшөгулдун, Маматтын, Сатыкенин, Жалгамыштын, Сарткозунун тукумдары бирин-серин көчүп келишкен. Сары-Көлдүн беш балалары жөнүндө узунураак сөз, өзүнчө темада болот.

    Мындан тышкары беш баланын Дүйшөгулунун тукумдары Түп районунун Ой-Булак айлында жашашат. Алар Абдылдаев Алдагандай анын балдары. Алдагандай көп жыл колхоз, совхоз жетектеп, элге эмгеги сиңген адам болгон.Ал кишинин балдары: Абдылдаев Рыспек Алдагандаевич профессор, медицина илимдеринин доктору, Президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары, Республикалык Онкология Институнун директору болуп иштеген. Азыркы убакта Америка Кошмо Штатында эл аралык мекемеде эмгектенет. Турусбек Алдагандаевич медицина илиминин доктору, Онкология Институнда бөлүм башчы, Кубанычбек Бишкек шаарында типография ишканасын жетектейт, Турсунбек Айылдык Кеңештин төрагасы Абдылдаев Замир Алдагандаевич 4 жыл өзүнүн айлында айыл өкмөтүнүн башчысы болгон, азыр өзүнүн дыйкан чарбасы менен алектенет.

    Токтомуштун Дурбук, Үсөнайдан тараган беш балалар көпчүлүгү Ак-Сай, Көк-Сайда, андан тышкары Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылында, Ак-Суу районунун Сары-Көл (Михайловка), Чолпон айылдарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында, Каракол шаарында жашашат.

    Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе Кытайдагы беш балалар: Текесте (мурун кыргыздар Түптүн Каркырасынын күн чыгышындагы кырка тоонун ары жагын жалпысынан Текес атачу, азыр болсо Мангул күрөө, Текес оодандары деп аталат). Шаты, Көк-Терек айылдарында беш балалар 10-15 түтүн. Алардын атасы Жылкычы (Бердигул - андан Момун андан - Жылкычы) Үркүндө Каракол шаарынын тегерегинен Кытайга качып, Сары-Көлдүктөр менен чогуу турса керек, кийин Турпандан Текеске өткөн экен. Ал жөнүндө “Сапар” - деген очеркте өзүнчө толук жаздык. Шатыдагы беш балалардан Турпандын Боздөң деген жеринде беш бала Жумабайдын балдары жөнүндө угуп Жалгыз-Өрүктөгү Чалбайдын тукуму го деген божомол бар.

    Убагында, тактап айтканда, советтик доордо, биздин атабыз Урсай, чоң атабыз Акмат көзү тирүү кезде беш балалар жөнүндө көп санжыраларды, тарыхтагы окуяларды көп айтышчу эле, тилекке каршы ошол убакытта бир жактан коммунисттик идеологиянын таасири менен, экинчи жагынан жаштыктын кенебестигинен көп көңүл бурбай, далай нерселерди чала-була угуп, эске тутпаптырбыз. Ошентсе да, атам Урсайдын: “Ээ балам, беш баланын жүрбөгөн жери жок. Кыргызстанда, Көл тегереги бүт кур эмес, Тянь-Шанда убагында Көлгө көчпөй калган беш балалар бар. Атам Акмат жадакалса түпкү энебиз Буурчактын төркүнү Лейлекте да беш балалар бар, бирок канча, кайсы жерде экендигин билгендер оо дүйнөгө өтүшпөдүбү, - деп айтчу. Эмки сөз силерде аны тактайм десеңер астыңарда машина, үйүңөрдө телефон бар. Каалаган жагыңарга машинаңар менен жетсеңер, кааласаңар телефон менен сүйлөшсөңөр болот...”- деп айтканы унутулбайт.

    Ошол сөздү кийин эстедим. Ага себеп менин агам Абдылдаев Рыспек Алдагандаевич менен 2003-2004 –жылдары маектешип отуруп ал киши айтып калды:

    - Менде Лейлектен бир жигит шофер болуп иштейт, анын айтымында Лейлектен 10 чакырым жерде “Беш бала”- деген айыл бар, ал гана эмес беш бала аттуу уруу жашайт экен. Кийинчээрек ар кимден сурап жүрүп бул маалымат чын экенин билип, ал тургай беш бала уруусунан көп жыл Оштун бир канча районунда аким болуп иштеген Анарботоев Рустам, анын иниси Дастан, Лейлектеги беш балалардын сакалдуусу Молдо Кудайкул менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Бүгүнкү күндө баардык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Көлдөгү беш балалар менен Лейлектеги беш балалардын туугандыгын, же болбосо түпкү атасы бир экенин айтуу кыйын. Биринчиден, биз сүрүштүрөлү десек түпкү энебиз Буурчактын атасын, бир туугандарынын ысымын билген адам болбоду. Экинчиден, лейлектик беш балалар өздөрүнүн Көлдөгүлөр менен түпкү байланышын айта алышкан жок. Алар деле биздей болушуп убагында көп нерселер атадан балага жазылып калбаптыр. Кандай болгон күндө да Лейлектик беш балаларды тапканга баарыбыз кубандык, өз ара катышуу, такташуу, тууган болууга алар да, биз да кызыкдарбыз. Өзгөчө Анарботоев Рустам, Дастандардын бизге болгон туугандык мамилелери терең ыраазычылыка арзыйт. Ал эми Кыргыз почтасында иштеген Мавлянов Немад (ал дагы Лейлектик беш бала) ата тегин сүрүштүрүп, биздин ата тектер менен салыштырып бир байланыш тапканга өтө ынтызаарлыгы бизге болгон туугандык сезимди жаратат:

    Түшкө кирет түпкү тегим дастаны,
    Түйшүк тартып бел байладым жазганы.
    “Аталардын өткөн өмүр тарыхы,
    Ар убакытта айтылса”,
    - дейт Жангазы

    Ж. Акматов, Чолпоната ш., 2012-ж.

    БЕШ БАЛАНЫН БАШКА ВАРИАНТЫ
    (ТҮПКҮ МАҢЫЗЫ БИР)                      
    (Мазмунга)

    Санжырачылардын айтымында көп варианттар бар. Анын кайсынысы тарыхый так экенин окурман өзүңүз баамдарсыз. Биз, уккан кулакта жазык жок деп, Тоң районунун Бөкөмбаев айылынын тургунун жазганын төмөндө баяндайлы.

    Тынымсейиттин Кабели, Шалтак, Канмортук деген үч баласынын улуусу Кабелинин тукумдарынын таралышы боюнча: Кабелиден – Токтомуш, Отор деген эки бала. Отор калмак жери “Сүмбөдө” калган. Анда калган себеби, Тынымсейит уруусунда Мейизкан (калмак кызы) деген келиндин күйөөсү өлүп калып (күйөөсү кимдин баласы белгисиз) жыл маалы болгондо төркүндөрүнө барып, учурашып келсин деп шарт боюнча жеңелери жеткирип келишет. Бир топ убакты өткөндөн кийин “сагынчы тарады, барып алып келгиле”- деп киши жиберсе Мейизкан келбей коёт. Эгер барсам Отор кайним “баланча” акемдин (атын билбейм) кара аргымагы менен өзү салып жүргөн алгыр кушун кондуруп, өзү келсин дейт. Анда эмесе Отор атты минип, кушту кондуруп, эки жигит, эки келинди алып келгиле деп жиберишет. Отор баргандан кийин аларды эки-үч күн коноктоп, эми силер үйүңөргө кайткыла, мен Оторго (кайниме) тием да бул жерде калам деп, Оторду Мейизкан алып калып, төртөөнү кетирип жиберет. Алар кетип жатканда эскертип айткан экен, экинчи бизди алып кетебиз деп кайрылып келбегиле, келсеңер чоң чатак чыгат, -дептир. Ошол боюнча Оторго эч ким барбай калат. “Сүмбө” дегендер Афганистанда деген уламыш бар...

    Менин өзүмчө баамымда “Сүмбө” деген жер Афганистанда болуу керек. Мындай дегеним, мындан бир топ жыл илгери Нарында Оорук-Тамда жашап өткөн Тынымсейит уруусунан Алсейитов Абышканын айтканы бар эле. Ал киши мага кезигээрден мурун Афганистанга соода-сатык менен барган экен. Ошондо (кайсы жер экенин тактабай калыптырмын) 500 түтүндөй Отор деген аталыштагы калмактар жашайт экен. Биз калмактын таралыш уруусуна кирбейбиз, өзүнчө эле Отор калмакпыз дешти. Болду-болбоду ошол биздин Отор болбосун дегени бар эле (изилденбей калды).

    Кабелинин экинчи баласы Токтомуштун үч аялы болот Дурбук (калмак), Үсөнай (калмак), Буурчак деген. Бул үч аялдан тең тукум бар: Дурбуктан – Кайке, Чынкожо, Качы, Качыке. Кайкеден – Тынаалы., Чынкожодон – Байкал, Байгазы, Боталы. Булар Тоңдун Ак-Сай, Кажы-Сайында.

    Үсөнайдан – Сарала, Булан, Куламбай, Абийир, Шоңко. Сараладан Таажы, Дүйшө., Буландан – Тынаалы, Сыдык. Булар да Тоңдун Ак-Сай, Туура-Суусунда.

    Буурчак энеден Мамат, Дүйшөгул, Маркабай, Сатыке, Сарткозу, Жалгамыш – 6 бала. Токтомуш өлгөндөн кийин Буурчак эненин балдары жаш калат. Токтомуштун эки миңдей жылкысы бар бай экен, бирок аны байбиченин балдары талап бөлүшүп алып, Буурчак энени кайнагаларына баш байлайбыз дешип ыдык көргөзүшөт. Ошондо Буурчак эненин төркүндөрү Анжианда, азыркы Баткен өрөөнүндө экен. Эптеп балдарын ээрчитип төркүнүнө кетип калат.

    Баткенде “Беш бала” деп аталган жер бар. Эми беш бала деп аталып калышы мындай. Буурчак эненин төркүндөрү жыл ичинде шерине ичишет, анан жакага жетимчелерин шеринеге чакырып койгула, устукан- пустукан жеп жүрө беришсин дешет. Ошондо Буурчак эне шерине башталгандан баштап, шерине бергендерден бир чакадан шак суратып, жашап турган үйүнүн бурчунан ороо каздырып, эчкинин жүнүн кошуп ылай менен шыбатып, ичин карапа кылып күйгүзүп, шерине бүткүчө ар кимден алган шакты бозо кылып ороого куйдура берет. Ошентип, шерине да аяктайт, анан Буурчак эне балдардын улуулары Мамат менен Дүйшөгулду бир таякесине жиберип, эки кой суратып алат. Анан балдар таякелериңерди чакыргыла, тамак ичип жөн каласыңарбы, силер да тамак бергиле деп, элди чакырып, эки коюн союп, баягы ороодогу кор болгон бозону сүзүп, тамак беришет. Баягы бозо бозо эмес эле киричме болуп, эл мас болуп, эки жаат болуп мушташып, чатак болот. Буурчак эненин алты баласынын кичүүсү Жалгамыш кичине болуп шеринеге барбай, бешөө гана баруучу экен. Ошондон улам беш бала кайда, беш баланы шеринеге, тамакка чакыргыла деп отуруп, “беш бала” аталып кеткен экен.

    Ошол беш бала боюнча эле Токтомуштун (Кабелинин) тукумдары беш бала аталып жүрөт. Балдар чоңоюп Мамат (улуусу) 18ге, андан кийинки Дүйшөгул 16 га чыгып калган экен. Ошол учурда бир байдын ашы берилип, ат чабыш, күрөш, эр сайыш болот. Ошондо эр сайышка таякелери тараптан киши чыкпай, Буурчак эненин экинчи баласы Дүйшөгул олбурлуу бала экен, ушул эки жакка урунуп-беринип эле жүрөт, макул болсо чыгаргыла, жеңсе жэңээр, же бир жетим өлөөр деп, Дүйшөгулду эр сайышка чыгарат. Каршы жагы эр сайышка көп түшкөн, эч жеңилбеген жана жеңгенин өлтүрө сайган айтылуу балбан экен. Экөө качырышып сала бергенде Дүйшөгул: “- Э-эй, аке, бир баланы эки киши саясыңарбы?”- деп кыйкырганда, артымда да киши бар го деп, артына бурула бергенде оозунуп Дүйшөгул ыргыта сайып кеткен экен.

    Ушундан кийин көп балдар чоңоюп, беш бала болбой эле “Беш балээ” болчудай, буларды эли-жерине жеткирип бербесек болбойт дешип, Нарынга көчүрүп келишкен экен. Нарында Он-Арча беш баланын жери экен. Ошол жерди жайлап, кыштап туруп калышат.

    Анан баягы балдар байбиченин балдарына тийише баштайт. Силер бизге энчи бербей тентитип ийгенсиңер, энчибизди бергиле, - деп талап кылышат. Бербей коюшкандан кийин, алардын малдарын айдап келип, Он-Арчанын капчыгайын өрдөтүп, аягын тосуп алып, келгенин сабап кетире беришет. Айлалары кеткенде Тынымсейиттин калган тукумдары биригип келип беш баланы сабашып, кордук көрсөтүшкөндө биз Көлгө Алсейит (Кыдык) туугандарга барып, жан сактайбыз дешип Көл тарапка ооп кетишкени ошондон экен. Андан кийин Үркүн да беш баланын чачыранды болуп калышына себепкер болгон.

    Иликтеп жазган Кадыр Алишеров
    Бөкөмбаев айылы.

    БЕШ БАЛАНЫН УРПАКТАРЫ КӨЛ КЫЛААСЫНДА                       (Мазмунга)

    Биз жогоруда беш баланын тукумдарын билишибизче тараттык. Алар Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, коңшу кытай өлкөсүндө жашап жатканынан кабардар болдук. Беш бала өздөрүнүн тайларынан кайтып келгени Теңир-Тоону, Ысык-Көлдү байырлашып, түбөлүккө жер ээлери болушкан жагдайлары бар. Ал мезгил орустардын келе баштаган учуру. Түп районундагы Михайловка айылы 1900-жылы пайда болгон. Анда жердин аты Сары-Көл деп аталчу. Учурда айыл Ак-Суу районуна караштуу. Айыл Жыргалаң суусунун көлгө куймасынын түндүк жээгинен орун алган. Көлдөн төрт чакырымдай алыстыкта.
    Сары-Көл деп эмнеге аталып калган? Ошол кезде айылдын күн чыгыш жагында кичинекей, анчалык чоң эмес көл болгон. Ал кезде анын айланасы мелтиреген талаа, айдалчу эмес. Түзөңдө түркүн гүлдүү өсүмдүктөр өсүп туруучу. Көлдүн үстү Сары гүлгө толуп, калкып каптап тургандай көзгө сүйкүмдүү жана кооз көрүнчү экен. Сары гүлдөр бетин жаап тургансып, сары нур чачырагандай көрүнчү окшобойбу. Ошондуктан Сары- Көл деп аташкан деп кеп кылып, жомоктоп айтышаар эле.
    Дүйшөгулдун урпактары Тоңдон Нарынга чейин көчүп жан бакчу. Эмдигиче Нарын жергесинде Орто-Нура, Кичи-Нура деген жерде “Беш баланын” арыгы бар экен. Кийин отурукташканда бир нече үй-бүлө Тоңдо калат, калганын көкүрөккө (Чолпон, Михайловка, Сухой-Хребет) барабыз деп көчүп кетишкен. Үркүн убагында 90дой түтүн Дүйшөгулдун тукуму бар экен.
    Ушул Михайловка айылына (мурдагы Сары-Көл) Беш баланын тукуму анын жанындагы Төрткүлдөн көчүп келгендер. Төрткүл да көл жээгинен 4 чакырым күн батыш тарабында жайгашкан. Төрткүл деп аталыштын кыска таржымалы мындай. Калмактар ушул чөлкөмдү ээлеп турушканда, каза болгондорун ушул жерге коюшкан. Ошол күмбөздүн тегерегинде төрт гүл бар экен, аны төрт гүл аташкан. Кийинки аталыш: бул жерге Беш баланын тукумдары биринчилерден көчүп келип, отурукташкан. Алар мурда Тоң районундагы Төрткүл жергесинен келишип, Төрткүл аташкан. Бир эле чоң көчөсү бар. Анын күн чыгыш жагын Атыр, күн батыш жагын Сасык көчө дей турушкан. Бул тамаша аты сакталып калган. Өткөн кылымдын 30-жылдары гана там сала башташкан жана отурукташып калган. Бул айылда ошол убакта беш бала уруусу менен чогуу башка аталардын, уруулардын да тукумдары бирге жашашкан.

    Беш баланын тукумдары: - Карымшак, Ырыскелди, Сылый, Бейшенакун, Мамбеталы, Арстанбек, Букара, Океш, Макен, Осмоналы, Үсөн, Токтосун, Дүйшө; Тогузбайдын тукумдары – Борбук, Коңурбай, Токбай, Имангазы, Жамаке, Абдыке, Зайра, (Калпак), Шалпан, Байбоосун, Абыл; Шапак тукуму – Кадыралы, Жекин, Осмоналы, Мустапа; Казак тукуму – Берикбай, Ракым; мындан башка Кенжебай, (Алдаяр), Дуку (Элчибай), Жумабай - (Саяк), Файзула (татар), Таштанбек (Адигине) жашашкан.
    Төрткүл айылы өзүнчө бир колхоз эле. Анын биринчи башкармасы беш бала уругунан Токтомбай уулу Токтосун. Ал 1892-жылы туулган, алгачкы коллективдүү чарбаны уюштурган. Ал 1940-41-жылдарга чейин башкарып турган. Төрткүл колхозунун өзүнүн жери, малы бар болучу. Төрткүлдүктөр кезегинде баштарынан ачкачылыкты өткөрүшүп, бири-бирине эриш-аркак болушуп, ынтымакта жеңип чыгышкан. Айылда башталгыч мектеп, дүкөн боло турган.
    1951-53-жылдарда майда айылдарды чоң айылдарга көчүрүү саясаты курч мүнөздө башталган. Ошондо «Төрткүл» колхозу Михайловка айылына көчүрүлгөн. Акыркы үй -бүлө 1962-жылы көчүрүлгөн. Убагында «Төрткүл» колхозун Токтосун атадан кийин Пантелей Садовой, Мамбеталы Баймурзаев, Мукаш Разыкбаев башкарып келишкен.
    Жогоруда Михайловка 1900-жылы түптөлгөн дедик. Мында эмне себептен аны ушундайча аталганына эки жагдай бар экенин аңыз кеп кылып айтышат. Биринчи жолу ушу жерге Михаил деген орус келип үй салып отурукташкан, ушундан улам аталган дешет. Ал эми экинчиси Николай Михайлович Пржевальскийдин атасынын атынан коюлган деген имиштер бар. Коңшу айыл Николаевка да, Караколдун мурдагы аттары да Пржевальскийдин ысымынан коюлганын узун сабак айтышат.
    Ушул айылда Октябрь Революциясына чейин жалаң орустар турушкан. Коллективдештирүү мезгилинде орустардын көпчүлүгү кулакка тартылып, көбү көчүп кетишкен. 1930-жылы ашар жолу менен мектеп салынган. Кирпичтерин Шкиль деген киши эки баласы менен 2 уй, 1 жылкыга куюп даярдашкан. Ал да кулакка тартылып кетти. Мектептин аты Сталин болучу. 1951-жылы майда чарбалар ирилештирилип, беш колхоз – «Прогресс», «Искра», «Путеводная звезда», «Төрткүл», Калинин атындагы колхоздор биригип, «Победа» колхозу болду. Анын башкармалары болуп Зинченко, Шрамко, Ревов, Петр Потапович Новиков, Владимир Павлович Карташев, Жакеш Орунтаевич Түлөбердиев, Юрий Сергеевич Боталев, Зиновий Васильевич Черкашенко, Эсен Мамбетказиевич Иманходжаев.
    «Победа» колхозу республикада миллионер чарба болучу. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Мелдештин жеңүүчүсү катары бир нече жолу Кызыл Туу менен сыйланган.
    Азыркы убакта Михайловка айылында 900 түтүн калк жашайт. Алардын арасында 100 дөн ашык түтүн беш баланын урпактары айылдын уюткусун түзөт. Алардын ичинде Дүйшөгулдун, Маматтын, Сатыкенин, Сарткозунун балдары өмүр кечирип келишет.
    Эми биз беш баладан тараган урпактарына учкай назар салалы:
    Алтыбай уулу Токтомбай. Анын теги – Токтомуш – Дүйшөгул - Байтүгөл – Алтыбай – Токтомбай. Токтомбай Чолпон жергесинде (азыркы Ак-Суу району)1890-жылы туулган. Ушундан улам эң биринчи Сары-Көлдүн тегерегине келген беш бала-Байтүгөл уулу Алтыбай десек туура болот. Мал-жандуу. Байбичеси Толду (Бозкемпир). Экөө 3 балалуу болушат: Токтосун (1892-жылы туулган), Үсөн (1900-ж.т.), Макен (1902- ж. т.) Толду эне 96 жашка чыгып оо дүйнө салган. Токтомбай ата Үркүнгө чейин каза болгон. Сөөгү Төрткүлдө. Орустар менен жакшы ымалада жашап келгендиктен, Толду эненин балдары Пантелей Садовой, Михаил, Левка Кузнецов, Григорийлер Үркүндө катып, коргоп, сактап калышкан. Токтосун туурасында толук маалыматты жогоруда берсек да кайталап коелу. Токтосун чурум тукумунан Суусарга үйлөнгөн. Андан жалгыз уул Бейше. Аны Озуйпа эне багып чонойткон. Токтосун орусчаны жакшы билүүчү. Жогоруда баса белгилегендей, «Төрткүл» колхозу 1930-жылы уюштурган. Ал колхозду Токтосун башкарган. Анын балдарын жазалы.

    Токтосун уулу Бейше 1919-жылы төрөлгөн. Билимдүү. 1940-жылга чейин бухгалтер болуп иштеген. Ушул жылы кадр даярдоо кызматына чакырылып, 1941-жылы согушка кирип, аяктан дайынсыз болот. Согушка чейин 1935-жылы Байбосун кызы Сулайкага баш кошот. 2 кыз, 1 уулдуу болот. Зуура (1936- ж.т.), Ишембек (1938 ж.т.), Зайраш (1940- ж.т.) туулган. Ишенбек атасы армияга кеткенде 3 жашта экен. Алгач Төрткүл, андан кийин Михайловка мектебинен окуп, жети жылдык билим алат. “Сухой Хребеттеги” трактористтик курста окуп, 16 жаш курагында МТСте тракторчу болуп иштейт. Өмүрүнүн 30 жылын механизацияга арнайт. Өлкөбүз эгемендикке ээ болгону үй-бүлөсү менен “Береке” дыйкан чарбасын уюштурат. Ишенбек 1955-жылы Дөөталы кызы Бурулканга үйлөнөт. Үч уул, үч кыздын атасы – Жамийла, Нурийла, Сабира, Жанболот, Болот, Нурбек бардыгы жогору билимге ээ болушкан. Уулу Болот Михайловка айыл Кеңешинин төрагасы. Жыйырма небере, эки чөбөрөсү бар. Ишенбек ата көп жолку “Социалистик мелдештин жеңүүчүсү”. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык медалын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бурулкан эне экинчи даражадагы “Эне даңкы” медалынын ээси, пенсионер.

    Токтосун уулу Жумакай. Атасы Токтосун бир тууган иниси Токсон менен 1916-жылы эл менен үркүп, Кытайдын Аксы жерине качып барышат. Бул жерде ит көрбөгөн кордук көрүшөт. Азып – тозгондор ачкачылыктан кырылып, айрымдары жаман илдеттен өлүшөт. Иниси Токсон катуу оорудан жөнүгө албай көз жумат. Токтосун жалпы эл менен эптеп-септеп Көлгө келип, Тоң районундагы Көк-Сай айылына туруп калат. Ушул жерден уулду болот. Ысымын Жумакай коёт.
    Жумакай 1922-жылы төрөлөт. Атасы 1927-жылы каза болот. Энесинин тарбиясында өсүп, бойго жетет. Айылдык мектептен 7 жылдык билим алат. 1941-жылы кандуу майданга чакырылып, бир жыл даярдоо курсунда машыгуудан өтөт.
    Ошол жылы партиянын катарына кабыл алынат. Окууда даярдыктан жакшы өтүп, сержант болот. Кийинки жылы согушка катышат. Батыш фронтунда кызмат өтөп, Германия жергесине чейин барат. Жеңишти ошол жерден тосот. Согушта эки жолу жаракат алып, Серпухово шаарындагы госпиталда дарыланып чыгып, баскынчылардан коргоого катышат. Согуштан 1946-жылы экинчи топтогу майыптык менен кайтып келет.
    Туулуп өскөн жерине келип, эмгек жолун колхоздо жылкычы болуу менен баштайт. Кезегинде чарбанын элине алымдуу болуп, кадыр-баркы өсөт. Текшерүү Комиссиясынын мүчөлүк милдетин так аткарат. Согуштан кайтып келгенден кийин, 1946-жылы Шайымбүбүгө (Кыдык уруусунан) үйлөнөт. Экөө ынтымактуу жашап, башына баш кошула берет.
    1953-жылы Түп районундагы Михайловкага көчүп келет. Ушул жерди түбөлүккө жердеп, малчы болуп эмгектенет. Шайымбүбү экөө 11 баланы тарбиялап өстүрөшөт, балдары: Зайракан - 1948-ж.т., Жылкыбай - 1951-ж.т., Гүлүмкан -1952-ж.т., Көчкүн - 1953-ж.т., Гүлай - 1956-ж.т., Разия - 1958-ж.т., Жүзүмкан - 1960-ж.т., Гүлнара - 1964-ж.т., Өмүрбек -1966-ж.т., Анара -1971-ж.т. Алардын 40 небереси, 53 чөбөрөсү бар.
    Жумакай согушта тынч эмгекте сиңиген иштери жогору бааланып, өкмөттүк көптөгөн сыйлыктарга арзыган. Согуштагы каармандыгы үчүн “Эрдиги үчүн”, “Германиянын үстүнөн болгон жеңиши үчүн”, “Варшаванын боштондугу үчүн”, медалдары, “СССР Куралдуу Күчтөрүнө 60 жыл” медалы төшүн жаркыратып келсе, кийин эки жолу “Ардак Белгиси” орденин тагып, “Эмгек ардагери” медалын 1980-жылы алган. Ошондой эле өмүрлүк жары Шайымбүбү да жогорку сыйлыктардын ээси болгон. 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы “Каарман эмгеги үчүн” медалы жана 1,2,3-даражадагы “Энелик даңак” ордендери, экинчи даражадагы “Энелик” медалы менен сыйланган. Мындан тышкары “Баатыр эне” алтын медалын алуу менен жогорку наам ыйгарылган.

    Токтомбай уулу Үсөн (1900-70-ж.ж.). 1942-жылдан 1946-жылга чейин Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Япон согушуна да катышкан. Армиядан кайтып келип, тынч эмгекте үзүрлүү эмгектенген. Алгач “Төрткүл” совхозунда бригадир, андан кийин колхоздор кошулгандан кийин өмүрүнүн аягына чейин “Победа” колхозунда малчы болуп иштейт. Согуштук жана эмгектик сыйлыктары бар жана 8 баланын атасы эле.
    Тун уулу Усубакун 1923-жылы туулган, согушка кетип, баатырларча курман болуп, кара кагаз келген.
    Калган балдар – кыздары: Апал, Үпөл, (1933-ж.т.,), Ыдың (1935-ж.т.,), Уулкан (1939-ж.т.,), Асек (1940-ж.т.,), Ороз (1942-ж.т.,), Майраш (1946-ж.т.,). Азыр Михайловка айылында Үсөн атанын уулу Асек жашап турат. Өмүрлүк жары Алымкан педагог, пенсионер. 5 уул, 3 кыздын ата-энеси.

    Токтомбай уулу Макен 1904-жылы Төрткүл айлында төрөлгөн. 1942-жылы армияга чакырылат, бирок кечигип калгандыктан эмгек армиясында кызмат өтөйт. Эки жылдан кийин ооруп калып, армиядан бошотулат. Макен ата Карагул кызы Зейнепке үйлөнөт. Бул 1935-жыл эле. Экөө 2 уулдуу, 2 кыздуу болушат. Алардын 25 небереси, 48 чөбөрөсү бар. Зейнеп эне беш бала уурусунан Турсунаалы уулу Каныйды багып чоңойтот. Каный 1918-жылы туулган, Ата Мекендик согушка катышкан. Согуштун жана эмгектин ардагери 2 уул, 2 кызы бар. Макен ата 1961-жылы Төрткүлдөн Михайловкага көчүп келген. Өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде жашап, эмгектенип келген. Балдары: Акмат, Асанбай, Бүбүш, Калича. Акматтан 4 эркек, 5 кыз.
    Алар – Дүйшөбек, Азамат, Бакыт, Марат, Рита, Лира, Назира, Рима, Наргиза. Акмат атабыз Шекер энебиз экөө өмүр бою ”Победа” колхозунда иштешип, азыр татыктуу эс алууда.
    Ал эми Акмат атанын иниси Асанбай (1942-ж.т.), жогорку билимдүү, Михайловка айылындагы Шевченко атындагы орто мектепте математика мугалими. Жеңебиз Каликан экөө беш кыздуу , бир уулдуу болушкан. Чолпон, Ардак, Кымбат, Аида, Айзада, Азиреткул деген балдарын тарбиялоодо. Беш кыздын ортосунда жалгыз уул Азиреткул (1995-ж.т.,) өсүп жатат.

    Майна уулу Агыш. Ал божомол менен 1830-жылдары туулган. Агыш көп жыл тукум көрбөй байбичеси Күнөй (саяк уруусунун Чиркейинен) экөө Манжылы атага барышып, сыйынышып, баш сураган экен. ”Баш сурасаң Манжылыга, мал сурасаң Чолпон-Атага бар” деген ылакап эң туура дал келет. Түшүнө аян берет: бир аксакал келип, көп балалуу болосуңар” - деп, үч баласына ат коюп берет. Агыш ата ченебегендей бай экен. Эркек-кыз дебей 24 балалуу болуптур. Балдары: Иманбек, Арымбай, Кыштообай, Сарыбай, Түлөбай (тукум жок), Маданбек (тукум жок).
    Агыштын жер бөлүштүрүп, тийген жери Түп жергесинде Шын-Ата. Үркүндө Кытайга барып, кайра келатканда кайтыш болгон. Сөөгү Теке бейит деген жерге коюлган.
    Эми Агыш атанын балдарына кезек берели: Имамбектен бир уулу - аты Канимет. Ал Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, кайтпай калган. Кесиби милиционер. Андан Бектурсун деген туягы калган.

    Агыш атанын экинчи уулу Нарынбай. Ал Нарын жергесинде төрөлгөндүктөн жердин атынан Нарынбай койгон экен. Анын эки уулу болгон - Бердаалы (тукум жок), Асанаалы. Ал да согуштун катышуучусу: эмгектин жана согуштун ардагери, байбичеси Акай (Алдаяр уруусунан). Балдары: Мады, Абдыкерим, Үсөн.

    Агышев Сарыбай (түпкү теги – Токтомуш – Дүйшөгул – Байтүгөл – Майна – Агыш – Сарыбай), 1870-жылы Сары-Көл айылынын Сары-Дөбө деген жеринде төрөлгөн экен. Эки аялы болуп, Калипа деген байбичесинен үч балалуу болуптур.Үркүндө улуусу жети жашта экен. Андан кийин эгиз кыздуу болот. Булардан бирөө гана калыптыр. Тирүү калганы Бишкекте, 1918-жылкы, аты Турган. Экинчи аялы Зуурадан 4 баласы бар. Совет бийлиги жаңыдан күчөп келатканда, Сарыбай чириген бай экен, ошондо 1922-жылы кулакка тартылып, андан кутулуп келгени менен экинчи жолу 1929-жылы дагы тартылат. Бул жолкусунда үйүр жылкысын, 500дөн ашык кой, ондогон төөсүн берет. Өзү бетке чаба айткан, намыскөй болгон. Ал 1977-жылы жарык дүйнө менен кош айтышат.

    Агыштын уулу Кыштообай, болжолу менен 1880-82-жылдары төрөлгөн. Үч никелүү болуптур. Биринчи аялынан Табылды, 1898-жылы туулган. Экинчи аялынан эки кыз –Зейнеп, Керимкан, уулу Абдрасул. Үчүнчү аялынан да эки кыз – Айнек, Аний, уулу Итибай. Кыштообай ата бай болуптур. Колхоздоштурууда ортого 2 боз үй, 9 жабдыктары менен 1 үйүр жылкы, 30 баштай бодо мал, 300дөй кой бериптир. Мурунку турган жерлери Тоң, Көк-Сай, Чолпон, кийин Михайловкага көчүп барып, түбөлүккө туруп калат.

    Кыштообаев Табылды өмүр бою малчы болуп иштеген. Кытайдагы коммунисттик партия бийликке келген революцияга Мавляновская армиясы менен бирге болгон. Мүнөзү курч, тың киши болгон экен. Болгон бир окуяны эскерте кетсек: кайтарууда турган жесир келинди уурдап чыгып, тамдын кыры менен алып качып, агаларына аялдыкка алып берген экен. Сулай энеден 6 баласы бар, алар – Карыбай, Майраш, Турсунбүбү, Карыпжан, Бактыгул, Карыпбек.

    Кыштобаев Итибай Кыштобаевич 1922-жылы Сары-Көл (Михайловка) айылында туулган. 1940-жылы Михайловка айылындагы 1- мектептин 1-бүтүрүүчүсү болгон.
    1942-44-ж.ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, фашисттик душмандар менен салгылашкан. 1944-47-ж.ж. Ленинград шаарындагы НКВД мектебинде окуган. Ал жерде Азербайжандын биринчи Президенти Гейдар Алиев менен чогуу окуп, дос болгон.
    1947-70-ж.ж. НКВД нын борбордук жана областтык түзүмүндө жооптуу жетекчилик кызматтарында эмгектенген.
    1970-жылдан баштап Партиянын Пржевальский Шааркомунда кеңсе (концелярия) кызматында иштеген.
    КГБнын полковниги- Кыштобаев Итибай көп сыйлыктардын ээси болгон.
    Ал 1984-ж. дүйнөдөн кайтып, сөөгү Каракол шаарына коюлган. Өзүнүн айылында ал санжырачы, тарыхчы, ойчул жана сөзмөр адам катары белгилүү инсан.

    Кыштобаев Рысбек Асанбекович 1980-жылы 19-январда Түп районуна караштуу Михайловка айылында “Победа” колхозундагы эмгекчинин үй-бүлөсүндө туулган.
    1987-жылы Михайловка айылындагы Т. Шевченко атындагы мектепке кирип, аяктагандан кийин, 1997-жылы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин “Туризм жана жаратылышты колдонуу” факультетине кабыл алынып, аны 2002-жылы ийгиликтүү аяктап, инженер-эколог кесибине ээ болот.
    2002-05-жылдары “Ырыс” дыйкан чарбасынын өкүлү болуп иштеген. 2005- жылы Михайловка Акционердик Коомунун маданият үйүнө жетекчилик кызматка коюлат. 2005-06-жылдары ошол эле Акционердик Коомдо ПРООН дун Жергиликтүү Өзүн-өзү Башкаруу инвестицияларын тейлөө боюнча кызматка өтөт.
    2006-07-жылдары Михайловка Айылдык Кеңешинин АРИС долбоору боюнча территориалдык комитетинде жетекчилик кылат.
    2007-08-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кесибинде окуган.
    2007-09-жылдары Түп райадминистрациясынын башчысынын жардамчысы болуп эмгектенет.
    2009-11-жылдары Түп райадминистрациясынын Аппарат жетекчиси кызматында иштеген. 2011-жылдын 3-январынан ушул күнгө чейин Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри кызматын аркалап келе жатат.
    2004-08-ж.ж. аралыгында Кыштобаев Р. Михайловка Айылдык Кеңешине жана Түп райондук Кеңешине депутат болуп шайланган.

    Токтосунов Болот Ишембекович 1964-жылдын 24-ноябрында Түп районунун
    Михайловка айлында механизатордун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Токтосунов Ишембек, энеси Токтосунова Бурулкан алты баланы өстүрүп чоңойтушкан.
    1981-жылы Т.Г. Шевченко атындагы орто мектебин бүтүрүп, өзүнүн эмгек жолун Түп районундагы «Победа» колхозунун сүт-товар фермасында малчы болуп баштаган.
    1982-жылдан 1983-жылга чейин Ысык-Көл совхоз-техникумунда окуган, ал жерден Советтик Армиянын катарына чакырылган. Аскерден келгенден кийин техникумду 1987- жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп, зоотехник кесибин алып чыгат. Техникумдан кийин Түп районунун «Победа» колхозунда уй фермасында зоотехник болуп иштеген.
    1987-92-жылдары К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зооинженердик факультетинде өзүнүн билимин өркүндөткөн. Институтту артыкчылык диплому менен аяктаган. Лениндик степендиант. Институттун окумуштуулар советинин мүчөсү. Комсомолдун Фрунзе шааркомунун мүчөлүгүнө шайланган.
    90-жылдары биринчи демократиялык шайлоодо Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкерлиги Скрябин атындагы шайлоо округунан студент жаштардын атынан көрсөтүлгөн.
    1992-жылдан баштап «Ардак белгиси» ордендүү «Победа» колхозунда зоотехник-селекционер, жылкы фермасынын башчысы болуп 2000-жылга чейин иштеди.
    2000-жылдан баштап дыйкан чарбасын уюштурган, асыл тукум жылкы өстүрөт.
    2002-06-жылдары Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.
    Үч жолу Айылдык Кенешке депутат болуп шайланды, 7 жылдан бери Айылдык Кеңештин төрагасы.
    Бир нече жолу Ардак грамоталары менен сыйланган;
    2004-жылы - «Мыкты айыл».
    2005-жылы - «Мыкты айыл өкмөт башчысы».
    2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алкыш-катын алган.
    2008-жылдан баштап «Компаньон Финансы группасында» өнүгүү бөлүмүндө иштейт. 2009-жылы Компаниянын Директорлор Советинин Ардак Грамотасы менен өзгөчө жетишкендиктери үчүн сыйланган.
    Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жары Токтосунова Сүйүн менен 5 баланы тарбиялап өстүрүп жатышат.

    Кыштообаев Абдрасул 1925-жылы Чолпон айылында туулган. Билими жети жылдык, Сталин атындагы мектептен алган. 1943-жылы согушка чакырылып, Курск шаарында жарадар болгон. Кайтып келгенден кийин милицияга иштөөгө өткөн. Бандиттерге каршы күрөшүүдө 6 жыл иштеген. Кийин салык жана соода тармактарында көп жыл бою эмгектенген. Согуштан да, эмгектен да баалуу сыйлыктары бар. “Германиянын үстүнөн болгон жеңиш үчүн, СССР Коргоо министринин медалдары ж.б. бар. Ал 1942- жылы үйлөнгөн, саяк уруусунан Мука кызы Калипага. Балдары - Жүрсүнбек, Жолочу, Асанбек, Анара, Мира, Роза, Шайыркүл, Зина, Үмүт. Калипа эне “Эне даңк” медалынын I- II- II даражасын алган. Алардын 26 небереси, 14 чөбөрөсү бар.

    Абдрасулдун тун уулу Жүрсүнбек 1947- жылы төрөлгөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин Тюмендеги аскер окуу жайында билим алат. Ал армияда кызмат кылып, полковник чин менен пенсияга чыгат. Пенсияда жүрүп көп жылдар бою Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жетекчи кызматтарда иштеген. Сыйлыктары: СССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак граммотасы I- II- III даражадагы “ Кынтыксыз кызматы үчүн, СССР Куралдуу Күчтөрдүн 50,60,70 жылдык медалдары менен сыйланган. Ал 1969-жылы Нурзида аттуу татар кызга үйлөнгөн. Уулу Руслан, кызы Гульнара жакшы тарбияланышууда.

    Кыштобаев Жолочу Абдрасулович 1950-жылы Михайловка айылында төрөлгөн. 1974-жылы Политехникалык институтун бүтүргөндөн кийин, эмгек жолун Тянь-Шань райондук айыл чарба башкармасында инженер болуп баштаган. Бир жылдан кийин капиталдык курулуш бөлүмүнө башкы инженерликке которулат.1977-жылы Тянь-Шань тажрыйба станциясына прораб болуп которулуп, 1984-жылга чейин иштейт. Ушул жылы Тоң ПМКсына начальник болот. Бул мезгилде партиянын райкомунун имаратын, 9 миң баш мал сыя турган Түп мал чарба комплексин, 12 миң баш бата турган Николаевка айылындагы мал чарба комплексин курууга жетекчилик кылат. 1986-жылы Ичке-Суудагы, Сары-Булактагы, Түптөгү, Михайловкадагы мектептердин курулуштарын курууну түздөн-түз жетектейт. Михайловкадагы балдар бакчасын жана айыл чарба техникумунун имаратын курдуртат. 1988-жылы Маман айлында мастерскойду курдуруп, пайдаланууга өз учурунда берет. 1989-жылы областтык жетекчилердин турак жай комплексин курууну жетектейт, бул Рыбачье шаарында болучу. 2000-жылы суу чарба тармактарын жетектей баштайт. Механикалаштыруунун тазалоочу коллектро-дренаждык тармактарды узундугу 38 км аралыкка куруп, байкоочу скважиналардан 50 даанасын курдурат. Ошондой эле магистралдык каналдарды реконструкциядан чыгарат, булар Калмак, Сары-Дөбө, Түп - Сельский каналдары. Суу жана ирригацияга сиңирген эмгектерин жогору баалап, КР суу чарба Энциклопедиясына кирип, “Суу чарбасынын отличниги” белгиси, 2011-жылы КР Ардак Грамотасы менен сыйланган.

    Кожобек уулу Айдар 1900-жылы Михайловка айылында туулган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти.1938 жылы Пржевальск шаарындагы маданият үйүн уюштурган. 1939 жылы Москвада өткөн декадага катышкан. Ардак белгиси ордени, көптөгөн медалдардын ээси. Беш уул, кыздын атасы. Айдар атанын тарбиясын алган инсандардын катарында: Алиман Жанкорозова, Гүлмайрам Момушева, Койсун Карасартова, С. Андабековдор бар. Кызы Кожобекова Жамиля Кыргыз опера балетинде артист. Күйөө баласы Керим Орузбаев Кыргыз Эл артисти. Кызы Жамал пенсияда. Уулдары Бекиш, Турсунбек, Жолдош.
    Жыйнаган Бекиш кызы Эльмира.

    Айдар уулу Бекиш 1934-жылы туулган. Кыргыз элине эмгеги сиңген уулдардан.Айыл чарба институтун зоотехник кесибин бүтүргөн. Көп жылдар айыл чарбасында үзүрлүү иштеген. Түп районундагы Ленин комсомолу совхозунда 8 жыл жетекчи болуп эмгектенген. Бекжанбек, Ырысбек уулдары, кыздары Дарика, Дамира, Эльмира, Нурила, Назгүль.
    Жыйнаган Бекиш кызы Эльмира.

    Үсөн уулу Бакеш, (Барыктабас)ал беш баланын Сатыке деген уулунан. Бакеш ата 1924-жылы Чолпон айылында туулуптур. Атасы Үсөн чоң молдо болуптур. Билимдүү киши экен, ээр, комуз чапчу. Комузда кол ойноткон өнөрү да бар дешет. 1930-жылдары Төрткүлгө көчүп келишптир. Кийин Бакеш ата колхоздо бухгалтер болгон. 1942-жылы согушка кетет. 1945-жылы жарадар болгондуктан туулган жерине кайтып келет да тынч эмгекте кайрадан бухгалтердик кесибин улантып, 2 жыл иштейт. Андан кийин “Победа” колхозунда малчы болуп, пенсияга чыкканча иштейт. Анын көкүрөгүндө төмөнкү сыйлыктар: “1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн болгон жеңиши үчүн” медалы, Жуков медалы, ”Ата Мекендик согуштун” 2-даражадагы ордени, ”Эмгек ветераны” медалы, Жеңиштин 20,30,40,50 жылдык юбилейлик медалдары, СССР Куралдуу Күчтөрүнүн 50,60,70 жылдык медалдары, ВДНХнын коло медалдары жаркырап, каарман эрдиктен жана күжүрмөн эмгектен кабар берип отурат. Бакеш ата 1942-жылы Осмонаалы кызы Айнишке үйлөнгөн. 7 баланын ата-энеси. Балдары: Болотбек, Турсунбек, Төлөк, Мелис, Акылбек, Урлан, Бакыт. Айниш эне 1,2,3, даражадагы “Энелик даңк” медалы менен сыйланган. Эмгек ардагери.

    Өмүралы уулу Макен Байтүгөлдүн Майнасынан. Атасы Өмүралы Тоңдун Ак-Сайында туулган. Тагдырдын жазмышы тура, 1928-жылы кайтыш болгон. Байбичеси Токтосун бала-бакырасы, малы менен төркүнү Курбу айылына 1933-жылы көчүп келет. 7 баласы - Жамаке, Турду, Балбык, Макен, Токош, Ракыя, Керез, булардын баардыгы тайында туруп калышат. 1938-жылы Токтосун эне Төрткүл айылына, кийин Михайловкага көчүп барат. Үч баласы Макен, Жамаке, Балбык душманды беттеп согушка кетишет. Үчөө тең аман-эсен кайтып келишет.
    Макен ата согуштан 1948-жылы кайтып келген. Ал Япон согушуна да катышыптыр. Согуштан кийин “Искра” колхозунда бригадир, андан кийин “Победа” колхозунда малчы болот. 1984-жылы оо дүйнө салат. Ал согуштагы эрдиктери үчүн “Германиянын үстүнөн болгон Жеңиш үчүн” “Каармандыгы үчүн”, “Японияны жеңгендиги үчүн”, Советтик Армиянын жана Флоттун 30 жылдык медалдары менен сыйланган. Макен атабыз Бейшекан энебиз менен 11 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Балдары: Суран (полковник), Касейин, Тажыгүл, Зинагүл, Жамиля, Эсен, Гүлкан, Гүлжан, Кенжебек, Бактыбек, Бактыгул. Бейшекан эне “Баатыр эне”, ”Эне даңкы” орденинин 2-даражадагы ”Энелик” медалы менен сыйланган. 31 небереси, 17 чөбөрөсү бар.
    Дүйшөгулдун урпактары Тоңдон Нарынга чейин көчүп жан бакчу. Эмдигиче Нарын жергесинде Орто-Нура, Кичи-Нура деген жерде “Беш баланын” арыгы бар экен. Кийин отурукташканда бир нече үй-бүлө Тоңдо калат, калганын көкүрөккө (Чолпон, Михайловка, Сухой-Хребет) барабыз деп көчүп кетишкен. Үркүн убагында 90дой түтүн Дүйшөгулдун тукуму бар экен.

    Дыйканбай атанын жашоо тиричилиги мал менен өткөн. Чолпондо турган мундуз уруусунан Үмүт деген кызга баш кошкон. Жанузак (1896-ж.т.), Асан (1901-ж.т.), Турганбай (1921-ж.т.) деген балдарлуу болушат.
    Үркүндөн кийин Дыйканбай ата Тоңго туугандарына көчүп барат. Тун уулу Жанузак Михайловка айылына барып, үй салып, туруп калат. Орусча жакшы билгендиктен алар менен алакалаш болуп, колхоздо жакшы кызматты аркалайт.
    1941-жылы Дыйканбай ата Асан деген уулу менен Михайловкага көчүп келишет. Кичүү уулу Турганбай 1939-жылы Тоңдон кадрдык кызматка чакырылып, чоң согушка катышат. Согуштун башталышында Бессарабияда кызмат өтөп жүрүп, ошол бойдон дайынсыз болот.
    Асан эмгек жолун колхоздун малын багуу менен баштаган. Жылдын төрт мезгилинде мал четинде, тоо койнунда болучу. Согуштан брон менен калган. Ал Чоң-Өрүктү, Сары-Тологой, Тасма, Сары-Кыр, Шаты (Сары-Жылга) жайлоолорунда 1941-45-жылдарда жайлап-кыштап, мал баккан. Байбичеси моңолдор уруусунан Калипа дегенге үйлөнүп, 7 балалуу болгон. Бейшекан (1928-ж.т.,), Анапия (1930-ж.т.,), Дүйшөкан (1931-ж.т.,), Жаныш (1933-ж.т.,), Айымкан (1938-ж.т.,), Дүйшөн (1941-ж.т.,), Турдукан (1943-ж.т.,) деген балдарын өстүрүштү. Асан ата эмгек ардагери.
    Асандын Жанышы согуш чыкканда сегиз жашка толгон. Ошондо атасын ээрчип, мал багууга өтөт. 1952-55-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөйт. Андан соң 1955-96-жылдарда “Победа”колхозунда алгач 13 жыл механизатор, калган жылдарын малчылыкка арнаган. Татыктуу эс алууга 1990-жылы чыкса да эмгектенүүсүн уланта берген. 1996-жылы “Ак тилек” дыйкан чарбасын уюштуруп, үй-бүлөсү, бала-бакырасы менен үзүрлүү иштеп келишүүдө. Күлүмкан энебиздин түпкү теги Шапак уругунан.1937-жылы Жаныш ата менен кол кармашкан. 6 баланын ата-энеси. Улуу кызы (1959-ж.т,) жогорку билимдүү, Шевченко атындагы орто мектептин директору. Калгандары Майрамкүл (1960-ж.т.,), Курманбек (1962-ж.т.,), Кубанычбек (1963-ж.т.,), Мырзабек (1965-ж.т.,), Таалайбек (1968-ж.т.,). Алар ата-энесинин жеңилин жерден, оорун колдон алышып, жөлөк-таягы.

    Шонконун уулдары: (Токтомуш – Дүйшөгул – Айдарбек – Шонко) Калмурза, Бекмурза, Баймурза. Үчөө тең Шонко атанын биринчи аялынан төрөлгөн. Үч бир тууган Үркүнгө чейин Көкө-Кулусун деген жерде малдуу-жандуу жашап, бай турушкан, 1916-жылкы алааматта эл менен Кытайга барышат. Турпанда үч бир тууган өтө оор турмушка кабылышат. Бул жерде үчөө тең курман болушат. Көлгө үч бир туугандын балдары кайтып Төрткүл айылына келишет. Калмурзадан эки уул. Туну Осмонаалы, 1895-жылы туулган. Турмуштун айынан кеч үйлөнөт. 1932-жылы Токтобай аттуу уулдуу болот. Осмоналы 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кеткен. Ал Курск дугасында курман болгон. Токтобай 7 балалуу болгон. Кызы Валентина - мугалим, Вера - экономист, уулу Ишен - милиционер болучу, пенсияда, кызы Сабира тигүүчү, уулу Таалай өрт өчүрүүчү, кызы Эльмира медакадемиянын окутуучусу. Токтобай уулу Дүйшөн (1959-ж.т.,) Ташкенттеги жогорку аскердик жайын бүткөн. Афган согушунун ардагери, полковник, учурда аскер кызматында көптөгөн сыйлыктардын ээси, анын ичинде “Кызыл жылдыз” ордени. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

    Токтобай уулу Дүйшөндүн басып өткөн жолунан кыска баян. Ал 1959-жылдын 26-июлунда төрөлгөн. Орто мектепти бүтөөрү менен Ташкенттеги жогорку аскердик окуу жайына кирип, ийгиликтүү аяктаган. Ооган согушуна катышкан, полковник. Учурда аскер кызматчысы. Эки баланын атасы. Анын көкүрөгүн ”Кызыл жылдыз” ордени, ”Каармандыгы үчүн”, ”Афган элинен алкыш”, ”Эрдик жана каармандыгы үчүн”, ”Афгандагы күжүрмөн эмгеги үчүн”, экинчи даражадагы “Аскердик эрдик”, ”Кынтыксыз кызматынын 10 жылдыгы” ,”Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 15 жылдыгы” биринчи даражадагы ”Аскердик кызматтын артыкчылыгы үчүн”, экинчи даражадагы ”Аскердик кызматтын артыкчылыгы үчүн”, ” СССР Куралдуу Күчтөрүнүн 70 жылдыгы” медалдарын жаркыратып турса, СССР Жогорку Советинин Грамотасы сыймыкка бөлөйт.
    Калмурзанын экинчи уулу Турдубек коллективдештирүү мезгилинде тап душмандардын колунан каза болгон.

    Ал эми Баймурзадан Мамбеталы, Үсөналы деген эки уул болгон. Мамбеталы 1886-жылы туулган. Көп жылдар бою колхоздо жетекчи кызматтарда иштеген. Мамбеталынын уулу Усуп 1922-жылы туулган. Ал Улуу Ата Мекендик согушта Сталинград областындагы Плетской районундагы Громкий хуторунда курман болгон.
    Бекмурза жаш кезинде кайтыш болуп, туяк калган эмес.
    Жогоруда айтылгандай Сары-Көлдө беш баланын Дүйшөгулунун тукумдарынан тышкары Маматтын, Сатыкенин, Сарткозунун балдары бар дедик. Маматтан Кончой, андан Токтосун. Үркүндө Токтосун бир тууганы Токсон менен Кытайдын Аксы (Ак-Суу) жерине качып барат. Ошол жылдары Токсон ооруп, Кытайда каза болот, а Токтосун болсо Көлгө кайтып келип, Көк-Сайда туруп калат. 1922-жылы уулду болуп атын Жумакай коёт. Өзү 1927-жылы дүйнөдөн кайтат. Жумакай 5 жашында жетим калып, 7 класс билим алган. Көк-Сайдан 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, эки жолу жарадар болуп, согуштан 1946-жылы кайтып келет. Көк-Сай айлында жылкычы, ревкомиссия болуп иштеген.
    1953-жылы Михайловка айлына келип «Победа» колхозунда көп жыл малчы болуп иштеген. Жумакай ата согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн сыйлыктардын ээси, анын ичинде медалдар эки «Ардак Белгиси» орденинин ээси.
    Жумакай ата 1946-жылы Шайымбүбү энеге үйлөнгөн, 11- баланын ата-энеси, 40 небере, 53 чөбөрөсү бар. Балдары: Зайран – 1948-ж.т., Жылкыбай-1951-ж.т., Гүлүмкан-1952-ж.т., Көчкүн- 1953-ж.т., Гүлай-1956-ж.т., Разия-1958-ж.т., Жүзүмкан-1960-ж.т., Кенжебек-1962-ж.т., Гүлнара-1964-ж.т., Өмүрбек-1966-ж.т., Анара-1971-ж.т. Токтосундун бир тууганы Токсондон төрт бала калган: Ажар, Жумаалы, Мусаалы, Уркалый. Ажар Жумабай уулу Акматка турмушка чыккан, бала төрөбөгөн. Уркалыйдан: Сатыпалды, Барыктабас.

    Камбарбеков Амантур. Мамат андан Этиркей, андан Камбарбек.
    Ал 1920-жылдын 1-январында төрөлгөн. 1936-жылы Талды-Суу мектебин бүтүргөн. Мектепти жакшы бүтүргөндүктөн мугалим болуп 1937-38-жылдары иштеген.
    1939-41-жылдары Кызыл Армияда кызмат өтөп офицерлердин катарына кошулган. Армиядан түз эле согушка кирген. 1942-жылы жарадар болот. “За отвагу” медалына татыктуу болгон. Экинчи жарадар болгондо немецтерге туткунга түшөт. 1945-жылы туткундан 20 адамдын ичинен качып чыгып, Кызыл Армияга кошулган. Штрафбатта болуп, япон согушуна катышкан. 1945-49-жылдары Архипелаг Гулагта отурган.
    1949-жылы үйгө келген. Куугунтукта болгон. Эч жерге кызматка кабыл албаган. 1954-жылы гана акталган, ошондон кийин почтальон, мугалим, кампа башчы, учетчик, объезчик болуп иштеген да 54 жашында, 1974-жылдын апрелинда каза болгон.
    Беш баланын тукуму Тоңдун Көк-Сай, Ак-Сай айылдарынан Сары-Көлгө 1950-1953-жылдары акыркы жолу көчүшкөн экен. Бул көчүшкө жардам берип, кол кабыш кылган жана өз көзү менен көрүп, узаткан агабыз Окенов Шаршенбай тастыктайт. Ошондой болсо да Сары-Көлдөн Ак-Сайга көчүп келгендер да болуптур. Биз жогоруда Дүйшөгулдун балдарынан тышкары Сары-Көлдө Жылгамыштын, Сарткозунун, Сатыкенин балдары да бирге жашап турушаарын айткан элек.

    АКМАТ УУЛУ ЫБРАЙ ЖАНА АНЫН УРПАКТАРЫ                       (Мазмунга)

    Акматтын улуу уулу (баласы) Ыбрай болжол менен 1910-жылдары туулган. Төрөлгөн жери Тоңдун Көк-Cайы, бирок Акмат атаны кулака тартаарда Оргочор көчүп келишкен. Ыбрай ата эки аял алган, биринчи аялынан эки кыз: Турсун жана Асый. Экинчи аялы Тоң районунун Жерүй айылынан Борбаш кызы Батый. Экинчи аялынан уулдары Жакшыбай, Ишен. Ыбрай ата жөнүндө маалымат өтө аз, кайда жашаган, эмне жумуштарды аркалаган белгисиз. 1942-жылы Оргочор айылында каза болгон.

    Ыбрай уулу Жакшыбай 1936-жылы төрөлүп, атасы каза болгондон кийин жашоо-турмуштун айынан Бөкөмбаев айылында таякелеринин колунда тарбияланып, өскөн жана таякесинин атынан Мукаев Жакшыбай болуп паспортунда жазылып калган. Ыбрайдын экинчи уулу Ишенди Оргочордогу иниси Мукамбет асырап алган ошол себептен Мукамбетов Ишен деп катталган.

    Ыбрай кызы Турсун Саруу айылына Осмон уулу Абдыга турмушка чыгып, тогуз баланын - төрт эркек, беш кыздын энеси. 1977-ж. каза болгон. Бир кызы бүгүнкү күндө Россияда (Якутияда), бир кызы Саруу айылында, бирөө Аң-Өстөн айылына турмушка чыккан, Дагы бир кызы Күлүмкан Түптө, почтада иштейт. Абды жезде 1989-ж. каза болгон.

    Ыбырай кызы Асый Чоң-Кызыл-Суу айылына Такырбаш уулу Бейшекеге турмушка чыгып, тогуз балалуу болушкан. Бейшеке “Победа” колхозунда көп жылдар чабан болуп иштеген. Өзү айткандай далай заман башынан өткөн, “куркүлөп” жакадан жайлоого көчүп, жайлоонун ырахатын көрүп, чабандар менен “шерине” тамак жешип, күз-кыш кыштоодо болуп, машиналап жем-чөп колхоздон алып, сакмалчыларды башкарып, кой төлдөтүп, далай жолу убактагы башкарманын мактоосуна ээ болуп, белек алган учурларын эскерип калчу эле. Асый эже болсо үйгө кирсе аял болуп идиш-аяк кармап, балдар, кыздарын тарбиялап, тышка чыкса койчу болуп, бир сөз менен айтканда Бейше жезденин жеңилин жерден, оорун колдон алып жүрүп ынтымактуу омүр өткөрүштү. Бейше жезде 2010-ж., Асый эже 2007-ж. каза болушкан. Балдары Орозгүл, Майрамкүл, Нурбектер Бишкекте, Темир Светлая Полянада. Нургүл да ушул айылга турмушка чыккан. Эмиль кичүү уулу атасынын үйүндө.

    Жогоруда айтылгандай Ыбырай уулу Жакшыбай таякелеринин колунда чоңоюп, алардын атынан Мукаев болуп калган, Мукай таякеси согуштан кийин шофер болуп иштеген. Ал кезде машина деген аз, Кольцовкада (азыркы Бокөмбаев айылында) жалгыз машинага кадыр-барктуу шофер болгон. Жакшыбайдын машина айдоочу болушуна да ошол себеп. Жээнди таякелер бапестеп, барктап өстүрүштү. Өзгөчө Шапык таякеси Советтик партияда жетекчилик кызматта иштеп, көпчүлүк убакытта жээни Жакшыбайды чогуу өзү менен алып жер көргөзүп тарбиялап, аң-сезимин арттырган.

    Эмгек жолун Жакшыбай аба Пржевальск шаарында эл ташуучу автобазада автобус айдоо менен баштап, кийин № 14 – кесипчилик окуу жайында эмгектенди. Өмүрлүк жубайы Айнагүл менен 5 балалуу болушту. Балдары Таалай, Рысбек, Мирбек, Нурбек жана кызы Чолпон. Айнагүл жеңе өзү жердиги Барскоон айылынан, уруусу – бапа 7 бир тууган. Бапа уруусу жөнүндө кыскача айтсак - Орозбактыдан Арык мырза, Асан, Кара мырза, Токоч мырза. Мырзакулдан Алсейит, Тынымсейит. Алсейиттен- Жаманкул, Бапа. Санжыра боюнча Алсейиттин экинчи аялы Мүйүздүү эне болгон. Мүйүздүү байбиченин олуялыгынан улам Алсейит бий Чежимжан энеге үйлөнүп ушунчалык көп, жакшы тукумга ээ болгон экен. Бул энеден Көкөбай, Үкү, Шамыр, Үсөн, Ысабек, Байказы деген кезегинде эл керегине жараган мыктылар чыккан. Мүйүздүү эне уулдары бой жеткенде: “Жамангулга өзүң аял алып бер, мен Бапага аял алып берейин” дейт бийге. Бий макул болуп, Жамангулга өзү аял алып берет. Күндөрдүн биринде Мүйүздүү байбиче Алсейиттен суранат да бир жума жоголуп, бой тарткан белгисиз бир кызды ээрчитип келип, Бапага нике кыйдырып коёт. Бапа 9 балалуу болуп, аялы Олуят байбиче экөө элге-журтка маалым болушат. Мүйүздүү эне бүткүл сырын Олуятга айтып жүрөт. Мүйүздүү энеден мурда Алсейит өлүп, ордуна бий Жамангул болот. Ошол учурда Мүйүздүү эне өлүп, чийдин ары жагына алып коюшуп, кадимкидей аза күтүп олтурушат. Жамангул, Бапа энесине зыйнатын жасашып, эртең коебуз деген тунү өлүк жок. Мезгил кеч күз экен, сөөк жаткан үйдөн жылаң аяк аялдын изи чыгып, жаңы жааган кыламык карга 4-5 кадам аттаптыр да андан нары жок дешкен аңыз сөздөр бар, Мүйүздүү эненин бейити мында экен деп эч ким, эч качан айтканын укпадык. Эми Мүйүздүү байбиче өзү ээрчитип келген Бапанын аялы Олуят байбиче Бападан 9 бала көрөт. Бапанын ооруп жаткан бир тууган агасы Жамангулду бардык балдарын ээрчитип алып, мойнуна буурчак салып, үч ирет тегеренип жатканын көрүп, “анчалык эмне болдуң, тукумуңда эмне жазык, бул эмне кылганың?” - деп Олуят акыркы, эң артындагы эки кичинесин, тегеретпей жула качып кетет. Жамангул бий айыгып, Бапа өзү жана оору Жамангулду тегеренген 7 баласы бүт өлүп калган имиш. Бапа өлгөн соң Олуят байбиче Бапага таарынып, Олуя-Ата жакка, казакка күйөгө чыгып, андан 6 бала төрөп, тукуму өсүп, азыр дээрлик бир район эл имиш, деп санжырачылар божомолдошот. Ал эми Олуят байбиче Жамангулду тегерентпей жула качкан эки баланын тукумун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылындагы эки ата бапалар дешет. (246, 247беттер). Кыргыз санжырасы “Ала-Тоо” журналынын тиркемеси., Бишкек. 1994-ж.

    Жакшыбай аба, Айнагүл жеңе Пржевальск шаарында III-интернационал көчөсү менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинде, эски автовокзалдын жанында, карагайдан ашталган үйдө турушчу. Азыр ал жерде Жусуп Абдырахмановдун эстелиги- обладминистрациянын маңдайында. Ал убакта жашылча базары бир квартал ылдый орношкон. Автовокзал азыркы Кумтөр соода борборунун маңдайында. Үйдүн эшиги дайыма туугандар үчүн ачык эле. Базар менен вокзалдын жакындыгынанбы, айтор бапа менен беш бала уруусуна ал үйдө болбогон туугандар жокко эсе. Абам менен жеңем дайыма жаркырап, дасторконун жайып тосуп алышчу. Ал үйдө жарым, бир же эки жыл деле туугандардын, төркүндөрдүн, таяке-жээндердин бала-чакалары жашап, институтта, училищаларда окуп, билим алгандарды санаса сан жетпейт. Бул кыргыздар айткандай “замандын” жакшылыгынанбы, же аба-жеңенин тууганчыл жана кеңпейилдиктеринен болсо керек.

    Айнагүл жеңе көп жылдар бою ашпозчу болуп №14- кесипчилик окуу жайдын ашканасында иштеди. Бул окуу жай мамлекеттин камсыздоосунда болуп, алардын ырыскысынан үйгө ун, чай, май сыяктуу “шабашкалар” кез-кезде келип турчу. Кийнчерээк Айнагүл жеңе Пржевальск эт комбинатында иштеди. “Шабашкага” келген эт, баш-шыйрак, чычаң, ичеги-карындар Жакшыбай абанын үйүндө жашаган студенттердин ырыскысы болсо керек. Азыр ошолорду ким эстейт болду экен.

    1977-жылы Жакшыбай аба, Пржевальск шаарынын Кравцова көчөсүнө менчик үй салып (мурункусу мамлекеттик СМУга тийиштүү эле), мурунку үйүн иниси Урсай уулу Жангазыга калтырды. Үй салып, балдарын чоңойтүп-өстурүп Жакшыбай аба 1987-жылы каза болду.

    Азыркы күндө Айнагүл жеңе пенсияда, балдар-кыздарына, неберелерине баш-көз болуп, кичүү уулу Нурбек менен турмушун өткөрүүдө. Кичүү келини Тинатин Ысык-Көл районунун Темир айылынан. Баласы Нурбек “Кумтөр” алтын-кен казган ишканасында иштейт жана анын уулдары Нурэл, Байэл.

    Жакшыбай уулу Таалай (1964-ж.т.) Тоң районунун Бөкөмбаев айылында атасынын таякелери менен, эки жака - өз туугандары менен да, чоң таякелери менен да катыш, сый. Ал борбор калаабыздагы Автодорожный техникумун бүтүргөн, анын келинчеги Гулзат, алар 4 балалуу болушту.

    Жакшыбай уулу Рысбек (1965-ж.т.) Каракол шаарындагы Чехов орто мектебин бүтүргөндөн кийин, атайы училищадан окуп, жыгач уста кесибине ээ. Ал замандын шартына жараша майда-соодадан баштап, азыркы убакта өзү торөлгөн шаарда ондун бири болгон ишмер. Чакан чарбасы, дүкөндөрү бар. Жубайы Кымбат Чүйдүн Кегетисинен, үч балалуу болушту. Уулу Бакыт жогору окуу жайын бүтүрүп, юристик кесипке ээ. Ал азырынча атасы Рысбектин бизнесинде “оң колу” болуп келет. Кызы Айзаада студент, Аделя – мектепте.

    Жакшыбайдын үчүнчү уулу Мирбек (1967-ж.т), үй-бүлөөлүү, келинчеги Дилбара, төркүнү Ысык-Көл районунун Темир айылынан. Мирбек курулуш тармагында эмгектенет, балдары Тынчтык, Тойчу, Алымбек, Данияр, Азирет жана кызы Бегимай.

    Текст

    ТОҢДУК БЕШБАЛАЛАР                       (Мазмунга)

    Казиев Аршидиндин өмүр баяны (өзүнүн эскерүүсү боюнча) Токтомуштан Дүйшөгул, андан Төлөн, Төлөндөн Жанбала, анын балдары Кыдык, Бакшан, Дыйкан, Чыпак, Курман, Коңурбай. Дыйкандан Казыажы, Кийизбай, Мамыт. Казыажыдан Аршидин.

    1924-жылы октябрь айында Күн-Чыгыш – Кайнар-Булакта төрөлүпмүн. Атам ошол жерде имам болуп турганда 1929-жылы энем төрөттөн кайтыш болуп калат. Мен төрт бир туугандын эң кичүүсү элем. Бир туугандарым бойго жете электе, энем өлгөндөн кийин бизди атам Көк-Сайга көчүрүп барып, туугандарга аралашып, атам имамдык милдетин аткарып турган кезде, жыл өтүп өтпөй, бир күнү түн ичинде эки НКВДнын кишиси айдап кетет. Үйдө төрт жетим бала калганбыз. Көрсө атамды Дин коомунун ислам боюнча үгүттөөчүсү, Кеңеш өкмөтүнө каршы саясат жүргүзүп жүрөт жана дагы туран партиясынын мүчөсү деген шылтоо менен айдап кетиптир. 1931- 32-жылдарда Тоң совхозу уюшулуп, ошого менден улуу эки агам жумушчу болуп кирет. Боз үйүбүздү совхоздон араба сурап алып, түн ичинде жөө жалаңдап, Кольцовкага көчүп келген элек. Энебиздин бир тууган эжеси Алымбүбү деген таяэжем мени багып алат. Анда мен алты жашта болушум керек эле. Ал таяэжемдин айылы Булуң деген Ысык-Көлдүн жээгинде экен, ошол жерде үч жылча боз үйдө кыштап, үч жылдан кийин Кольцовкага көчүп келип, азыркы Ленин колхозунун клубу салынган жерге келип, бир эски уйгур турган үйдү сатып алып, ошол жерде жашоо өткөрүп турганда таяэжемдин абышкасы каза болуп калып, таяэжем экөөбүз эле калдык. Ошол жылы мен тогуз жашка чыкканда мектепке биринчи класска олтуруп, окууну үчүнчү класска чейин окуп тарагандан кийин таяэжем мага мындай кеңеш берди:

    - Аршидин балам, биз экөөбүз Корумду деген өрөөн малга ылайыктуу, кичине мал менен ошол жерге көчүп барып жан сактайлы, ал жерде деле бизге жакын туугандар бар, ошолорго сүйлөштүм эле, - деди.

    Ошентип, тайэжем менен Корумдуга көчүп кеттик. Бир жыл өттү. Биз турган колхоздун кампасы, чөп саман жыйган кырманы, бир-эки короо кою бар эле. Малды да ошол өрөөнгө кыштатчу эле.

    Бир күнү жазга маал бир аз кой эчкибизди төлдөтүп болуп жайлоого камынып турсак, колхоздун башкармасы Супатаев Касым кой фермасы Үсөнов Абдразак, башкармасынын орун басары Калдыбаев Сетенбайлар болуп биздикине келишет. Мен алардын аттарын байлаштырып үйгө киргиле деп сылык мамиле менен жайгарып үйгө киргиздим. Таяэжем менен учурашып, ал-жайды сурашкандан кийин, Корумдуга келгениңиздерге эки үч жыл болуп калса керек, эми сизге келген себебибиз, колхоздун алтымыштан азыраак кочкору бар эле ошону балаңыз менен багып бериңиз, жем-чөбүн рацион боюнча жылдын октябрь айынан баштап май айынын аягына чейин өксүтпөйбүз, июндан сентябрь айынын аягына чейин жайытка багасыңар, дешти. Минип кой кайтарчу бир ат бар, ошону колуңарга алып, мал-салыңарды кошо багып, колхоздун кочкорун багып, жакшы чабан бол, - айланайын деди башкарма бала болсоң да, жакшы кишинин баласы экенсиң, эче жаштасың, билимиң эченчи деп, сурап калды. – Мен он төрт жашта экенимди, төртүнчү класс эле билимим бар экенин, шартка байланыштуу окубай калганымды айттым. Анда фамилияңды айтып кой, ферма менен документке деп, буйрук берди. Кочкорду ушул кампанын күн батыш тарабынан кененирээк эки бөлмөлүү короо сарай жасалат, ошонун бир бөлмөсүн кочкор короо, бир бөлмөсүн өзүңөр малыңар менен кирген короо кылып, бир эки жуманын ичинде бүтүрүп беребиз деп, мага кол койдуруп кетишти.

    Кочкорду бир аты менен үйгө айдап келип, убактылуу колхоздун кампасынын бир капталына шырыктан тосуп короо кармап, кочкорду менчигибиз менен эки бөлөк тоюттандырып бактык. Арадан бир жума өткөндөн кийин колхоздун курулуш бригадасы келип, кочкорго жабык сарай чөп-жем бере турган бышык короо салып беришти. Ошол короо сарайда беш жылча чабандык кесипти аркалап туруп, 1942-жылы апрель айларында мага военкоматтан повестка келип, эртеңден калбай баргын деп, катуу табыштады. Ошол убакытта биз жайлоого көчөлү деп камынып калганбыз. Эртеси таяэжем мага сөз салды:

    - Балам сен азыр жашсың военкоматтын комиссиясынан чыгарың менен колхоздун башкармасына барып жолукпай койбо! Ал киши сага эмнени айтса ошого макул бол, деп-катуу табыштап, Кольцовкага узатты. Мен военкоматтагы комиссиядан бир жүз он бешинчи болуп кирип көрүнүп, эртеси түн оогондо комиссия бүтүп, военкоматтын кишиси тизмени окуй баштады. Тизмеден үч кишинин фамилиясы чыкпай калды. Ошол чыкпай калган адамдарды кошуп туруп берки көпчүлүк фамилиясы чыккандарды отправкага даярдангыла деп эскертип, повесткада көрсөтүлгөн сааттан кечикпей келесиңер деп жарыя кылгандан кийин аты чыкпай калган үч кишинин тизмесин окуп туруп, бул адамдар Эмгек армиясына жана ФЗО деген училищага даярданышат деп, - жарыялады, бирок мөөнөтүн айткан жок.

    Арадан эки ай өткөндөн кийин, мени Фрунзедеги Аскердик заводго жумушчулукка алып, темирлерди ары-бери ташып көтөртүп, ар кандай жумуштарды жасап бир жылдан кийин он беш күн эс алууга жиберди. Үйгө келгенимден кийин кайра баралбай калдым, себеби таяэжем катуу ооруп калыптыр. Бир күнү райондон бир милиция келип, - Жумаев Аршидин сенсиңби деди, - мен ага ооба Аршидин менмин десем, ал мага суук көз караш менен:

    - Эмне үчүн Фрузедеги Аскердик заводдон качып келдиң, жүргүн мени менен начальник милицияга барып, ал кандай чара колдонот, ошонун буйругу боюнча отправкабы же түрмөгөбү деп, милициянын начальнигине тапшырып коюп чыгып кетти. Начальник мени суракка алып, эмне үчүн заводко барбай качып жүрөсүң, эми жаза тартасың же ФЗО аркылуу Кызыл-Кыяга барып шахтадан иштейсиң деп мени зекип, эртең ушул маалдан кечикпей жол азыгың менен даяр болуп келгин, район боюнча ФЗОго он чакты киши жөнөтүлөт сен ошолор менен Кызыл-Кыяга барып иштейсиң, - деп мага заводдон келген кагазды көрсөтү. Мына көрдүңбү сени качып кеткен деп телеграмма келди, экинчи качсаң түрмөдөн башын чыкпай жүрүп куурайсың,- деди.

    Ошентип, шахтадан 1948-жылдын май айына чейин иштеп, айылыма келдим. Келсем, тайэжем мен кеткенден кийин жарым жыл өткөндө кайтыш болуптур. Ал төрөбөгөн киши эле. Мен дагы жетим калып, өтө оор ахвалга дуушар болдум. Атам 1931- жылы түрмөдө кайтыш болгон, эми минтип үчүнчү жолу жетим болдум. Таяэжемдин бир тууган кайнагасы бар эле, ошол карыяга барып учурашкыча кеңеш сурап көрөйүн деп Кальцовканын батыш тарабындагы үйүнө барсам, ал мени тааныбай калыптыр, себеби ооруп төшөктө экен. Карыянын аты Маана уулу Сыдык да карып калыптыр. Бир аздан соң төшөктөн өйдө туруп, мени кимсиң? - деди. Мен Аршидинмин деп жооп бердим. Керебеттен байбичеси оңдоп түзөп отургузуп анан байбиче мени, сен кимсиң дааналап сурады, мен толук жооп берген соң абышкасы экөө тең ыйлап калышты, мен аларга эмне ыйлайсыңар аман эсен көрүшүп турбайбызбы дедим. Ал байбиче мага:

    - Сени баккан таяэжең мага бир тууган абысын эле, бизди багып турган ошол таяэжең экөөңөр болчусуңар, алда кайтыш болуп, сени өкмөт жумушчу топко алып кетип, биз абышка экөөбүз эле калдык, биздин үч уулубуз тең согуштан курман болгон деп катуу капа болушуп араң турган мени да ыйлатышты. Абышка кемпирдин жашоосу күнүмдүк эле эптеп жупуну жашоо экен, болгону арпа-талкан менен чай ичтик. Карыя болсо токсон жаштан өтүп калган мезгили экен, кичине эс алып туруп мага кеңеш катары орундуу кеп салды:

    - Эми мен карып төшөктө калдым, аз жашоом калды, ырас, аман-эсен бар турбайсыңбы, сен азыр жашсың, эми өз туугандарыңды табасың, Кудай буюрса беш жашыңда бизге бала болуп, жакшы чоңойдуң эле, бизди бак деп айтышыбыз туура эмес болоор. Кольцовканын ылдыйкы четинде атаң Казы ажы менен жакшы тууган Ажыгул деген, орто жаштагы устачылык жасаган оокатуу адам бар, ошол тууганыңа барсаң, анан туугандар менен жашооң акырындап илгерилейт деп кеңеш берди. Өтө терең санаага түшүп кетип, анан эсиме келдим. Чын эле мен беш бала турбаймынбы, эми мен туугандарымды табайын, - деп Ажыгул абанын үйүнө бардым. - И балам, кайдан келе жатасың деп, чыканактап эс алып жаткан ордунан туруп:

    - Аныйпа байбиче мобул балага чай куйчу, чоочун бала окшойт деди. - Мен Жуманын баласы экенимди, ал киши мени кичинекейимден багып алганын, ал кишинин аялы менин таяэжемдин да каза болгонун, менин Өз атамдын аты Казы ажы, атым Аршидин экенин айттым. - Ажыгул аба ордунан тура калып, мени бек кучактап, өпкүлөп, ыйлап да жиберди:

    - Асылдан калган туягым, ажымдан калган перзентим деп, көпкө чейин утур карап коюп, анан бир маалда - кат кабарсыз дайныңды билгизбей, көп убакыт дайынсыз болуп калдың, бул сен жашаган айылды “Көкүм-Ырыскул” дешет, булар кыдык уруусуна киришет. Ошол сен жашаган көкүмдүн ичинен Маананын Жумасы багып чоңойтуп ошо кишинин баласына кайтыш болуптур, баккан энеси да өлгөн, ал баланын уругу беш бала экен, өз туугандары бул жакта жок, куран окуй турган үй жай жок деп, көкүмдөрдөн сенин жаман атыңды угуп капа болуп жүрсөм, бир күнү беш-алты абышка келип биздикине аттан түшүп:

    - Ажыгул куда силердин айтылуу Казы ажынын кичүү баласын Жума асырап алган деп, - айтып кетишти. Эми балам аман-эсен келипсиң, биздин үйгө бир аз күнү эс алып, анан туугандарыңа барасың, алар Жети-Өгүз, Покровка, Оргочор, Ырдык деген айылдарда, буюрса табышасың деп кеп салды чай ичип отуруп.

    Эртеси бир борукту түлөөгө союп, баягы абышкаларды чакырып, батасын алып, мени туугандарыма колума кичине акча берип, бир сыйра жеңилирээк кийим кийгизип, жогору жакка каттаган ачык машинага салып жиберди. Менден салам дуба айта бар деп Ажыгул аба аманат сөзүн айтып кала берди. Жүк ташыган машина менен Покровка айылына түшүп калдым. Түшүп эле эки үч кыргыз кишиге жолугуп салам айттым. Бир сакалдуу абышка - Кайдансың деп сурады. Мен ага Тоңдон келе жатам, Көпшөк деген Тоңдук кишини тааныйсынарбы деп сурадым. Алиги карыя мен да Тоңдук болом, жүрү көрсөтүп берейин деп, - эт саткан магазинге жакын барып, - Ой Көпшөк, мобул жигитти тааныйсыңбы, деп добушун бийигирээк чыгарып, жакындап барып мени көрсөттү. Ал киши эт чабат экен, колундагы бычак, балтасын кое коюп мени бир аз карап туруп анан тышка чыга калып, мени Аршидинсиңби деп, кучактап өпкүлөп сүйүнгөнүнөн көзүнөн жаш акты. Аңгыча алиги карыя, - Ой Көпшөк, иниң ушу балабы? - деди. - Ооба Каке Кудай буюруп, аман көрүшкөнүмө сүйүнүп, көзүмөн жаш чыгып кетти. Жүрүгүлө үйгө, Каке сиз дагы жүрүңүз, кичине Кудайга жалынып баабедин өткөрүп коелу. Бир кыздуу болушкан экен ал кызы эки-үчкө чыгып чуркап жүргөн чагы экен. Алиги карыяны үйгө кошо жүрүңуз деген себеби ал карыя тоңдук Тогуз-Булактан, серең уруусунан Орозбай уулу Кадыр касапчы деген карыя экен, биздин атабызды абдан жакшы билген санжыраны жакшы айткан карыя болуп чыкты. Көпшөк байке туугандарды чакырып түлөө өткөрдү. Туугандарым менен таанышып, аралашып турмуш улана берди. Ар кайсы жумуштарда иштеп он жылдан ашыгыраак Покровкада туруп, 1958-жылы Тоңдук туугандарга алты балалуу болгондо көчүп келип, жашоом өз нугу менен улана берди. Мени туугандарыма кошуп табыштырган Ажыгул карыя Тоң даярдоо конторасынын убойный пунктунда сойгуч болуп иштейт экен. Бир күнү мени үй-бүлөм менен өрлүктөп чакырып, сый тамагын берип, анан мага кеңеш катары кеп салды:

    - Аршидин балам, сен эмне иштейин деп ойлонуп жатасың деп сурады. - Үй салып бүтсөм анан көрөбүз дедим. Балам мен сага кеңеш катары айтаарым мобул кушкана убойный пункт мага оорураак болуп калды, ушул кушкананы сен алып иштегин. Мал сойсоң өзүң сатып келип соесуң, мен даярдоо конторунун директоруна айтып туруп штатка убойшик болуп иштөөгө чечим чыгартып берейин, макулсунбу, - деп сурады. Мен макулдугумду бердим. Биринчи күнү мени директорго табыштап, тааныштырып, арызыма кол коюп буйрук чыгартты.

    1959-жылы мен Покровкада касапчылык жасап калдым. Иштеп жүргөндө штаттагы “даярдоочу” деген күбөлүк берилди. Даярдоонун баардык түрүн аткарат ошого жараша подотчет акча менен камсыз кылынсын, бат-бат контролдоп документтерин текшерип, ай сайын отчет алып турасың деп, - башкы бухгалтерине табыштады. Ал бухгалтер экөөбүз М. Горький мектебинде 1-3-класска чейин чогуу окуптурбуз, анын фамилиясы Дылдаев Ыдырыс, мектеп деректорунун аты Шайыков Күнболот деген адам эле. Заготканторада 1959-жылдан 1992-жылга чейин иштеп беш жолу потребсоюздун съездине делегат болуп катышып, сөз алып сүйлөгөн күндөр болду. Кирпотребсоюздун ардак тактасына ар бир беш жылдыкта планым орундалагандыгы үчүн, он беш жыл илинди.

    Ошол эле убакытта Облпотребсоюздун Ардак тактасында төрт жолу сүрөтүм илинип турду. Обулпотребсоюздун правлениясына мүчө, Кеңештин мүчөсү болууга татыктуу болдум. Ардактуу пенсияга 132 сом менен чыккам, заготканторанын коллективи кымбат баадагы советтик, чоң телевизор жана бир ат мингизип узатышты. Айта кетчү нерсе, атты мага бекер мингизишти.

    Тоң районунун Бөкөнбаев айылында азыркы убакытта беш бала уруусунан отуз түтүнгө жакын үй-бүлө жашайт. Алардын арасында пенсияга чыккан ардагерлер: Аршидин Казыев, Калмак Турганбаев, Жолдош Алышбаев, Кадыр Алишеров, Жүдөмүш Сейитказиев.

    Тоң районундагы беш бала уруусунан 1880-жылдары Дыйкан уулу Казы ажы биринчи болуп Турциянын Стамбул шаарынан ислам ибадаттарын толук ишенимдүүлүк менен беш жылы окуп, казылык наам алып келген. Арадан үч төрт жыл өткөндөн кийин Аравиянын Мекке шаарына барып ажылык милдетин аткарып келди. Андан үч жыл өткөндөн кийин экинчи жолу он чакты адам менен Меккеге зыярат кылып келиптир. Атабыз Казы ажы он чакты жылы айылга имамдык милдет аткарып, 1931-жылы репрессияга кабылып, түрмөгө айдалып кетип, бир жарым жылдан кийин түрмөдөн кайтыш болгонун түрмөдө кошо жаткан кишилер кабар кылган. Сөөгүн алып келип Көк-Сайга коюшкан экен. Менин эсимде калганы ушулар болду.

    Аршидин Казы ажы уулу.
    05. 03. 2013-ж.

    Турганбаев Калмак

    Турганбаев Калмак Турганбаевич Тоң районунун Көк-Сай айылында 1940-жылы туулган, билими жогорку. Ал 1963-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, ошол эле Көк-Сай айылындагы 8 жылдык мектепте мугалим андан кийин Комсомолдун Тоң райкомунун 1-секретары, партиянын Ысык-Көл обкомунда, Тоң райкомунда жооптуу кызматтарда иштеген.

    1974-2005-ж.ж Тоң райОНО сунун башчысы, Бөкөнбаевдеги СПТУда окутуучу, кайрадан райОНОго башчы болуп эмгектенген. Бул мекемеге баш аягы 25 жылга жакын жетекчилик кылган.

    Катышкан коомдук иштери: Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Комсомолдун Ысык-Көл ОК нын, партиянын Тоң райкомунун бюросунун, райондук аткаруу комитетинин, партиянын мамлекеттик контролунун райондук комитетинин мүчөлүгүнө, 1965-85 ж.ж 20-жылдан ашык Райкеңештин депутаттыгына шайланган.

    Сыйлыктары: СССР Жогорку Советинин Президиумунун “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак грамотасы”, ВЛКСМ БКнын, Кыргыз ЛКСМ БКнын, СССР ДОСААФ ынын, КРнын билим берүү министерствосунун, Ысык-Көл обладминистрациясынын ж.б. жогорку мекемелердин Ардак Грамоталары менен сыйланган.

    Наамдары: СССРдин Эл Агартуусунун, Кыргыз Республикасынын Билим Берүүсүнүн, Илим- Билим кызматкерлеринин Республикалык профсоюз кыймылынын отличниги, Тоң районунун ардактуу атуулу, ”КР нын Билим Берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери” деген жогорку наамдарга ээ болгон.

    Ал беш уул, кыздын атасы. Улуу кызы Динар - Ноокен районунун Төрөгелдиев атындагы орто мектебинде директор, Чынар Бишкектеги юридикалык академияда ага окутуучу, Анар соода кызматында. Уулдары – Айбек- юрист, Ош областык прокурору, аскердик юридикалык кызматтын генерал -майору.

    Дагы бир уулу Улан Күн-Чыгыш Айыл Өкмөтүнүн башчысы.

    Жубайы: Алагушева Алтын өмүр бою соода тармагында иштеп жүрүп, пенсияга чыккан. СССРдин кооперативдер союзунун отличниги. Кызматтык иш сапарлары жана турист катары Чехия, Польша, Болгария, Румыния, Венгрия, Словакия, Турция өлкөлөрүндө болгон.

    Турганбаев Калмак учурда “КР нын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн”- деген атайын персоналдык пенсияда.

    Турганбаев Улан Калмакович

    Турганбаев Улан Калмакович 1971-жылы l4-апрелде Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепти 1988-жылы ийгиликтүү аяктаган.

    1988-жылдан 1989-жылга чейин № 81 кесипчилик-техникалык окуу жайында курсант, андан кийин слесарь болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

    1989-1994-жылдары Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтун бүтүрүп, агроном кесибине ээ болгон.

    1994-жылдын апрель айынан баштап Тоң райондук калкты кызматка орноштуруу борборунда инспектор, 1994-жылдын сентябрь айынан баштап райондук мамлекеттик администрациясынын айыл-чарба бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп, 1997-жылдан тартып Тоң Райондук мамалекеттик айыл- суу чарба жана кайра иштетүү департаментинин талаачылык бөлүмүнүн бөлүм башчылык милдетин аткарган.

    1997-жылдын июнь айынан, 2000-жылдын 6-мартына чейин Тоң Райондук статистика бөлүмүнүн төрагасы, 2000-жылдын 4- мартынан 2006-жылдын 7-апрелине чейин Эл депутаттарынын Тоң Райондук Кенешинин төрагасы кызматында иштеп, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2006 –жылдын 10-апрелинен 2007-жылдын 1-июнуна чейин Тоң Райондук Кенешинин Аппарат жетекчиси, 27-июль 2007-жылдан 2008-жылдын 13-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Ысык-Көл областы боюнча өкүлү болуп иштеген.

    13-октябрь 2008-жылдан 2009-жылдын 22-декабрына чейин райондук Кеңешинин депутаты.

    Ал эми 22-декабрь 2009- жылдан баштап Күн-Чыгыш айылдык округунун башчылыгына айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан шайланып, эмгектенүүдө.

    Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

    Борбашов Карыпбай Борбашевич

    1953-ж. 25-мартта, Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу, Ак-Сай айылылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ошол эле айылдагы Жусуп Турусбеков атындагы орто мектепти 1970-жылы бүтүрүп Фрунзедеги Политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктап инженер курулушчу кесибине ээ болгон.

    1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында болуп келген. 1976-жылдары " Нарын облсельстрой" трестинде инженер, бөлүм башчы, прораб болуп 1981-жылга чейин иштеген .

    Андан кийин коммунистик партиянын жолдомосу менен жетекчилик кызматка келген.

    1981-жылы Нарын областык коммуналдык чарба ишканасына барып тез эле шаардык "Комбинат коммунального хозяйства " ишканасында жетекчи кызматка барып, Нарын шаарынын тазалыгын сактоо менен бирге "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу" ишине активдүү катышып областык, шаардык сыйлыктарга ээ болду, областык ардак тактада бир канча жыл түшпөй илинип турду.

    1988-жылы Ысык-Көл областына караштуу азыркы Балыкчы шаарындагы СМУ-2 трест "Ысык-Көлстрой" ишканасына которулуп жетекчи кызматта эмгектенди. Ошол мезгилде эки область биригип Ысык-Көл, Нарын борбору Рыбачье болгон. Курулуш иштери жогорку деңгээлге жетип, көптөгөн имараттар курулду.

    Жетектеген ишкананын эмгек жамааты да катышып, азыркы "Манас" орто мектебинин, Гагарин көчөсүнүн башындагы "Водозабордун," АТС 6000 абонентин, "Келечек" балабакчасынын ж.б. курулуш объектисин түптөп мөөнөтундө пайдаланууга өткөрүп берилди. Андан кийин Кыргызпотребсоюздун Рыбачьедеги ПМК ишканасына которулуп жетекчилик кызматын аркалаган.

    Ошол мезгилде Ысык-Көл областы боюнча Кыргызпотребсоюздун курулуш обьектилерине да активдүү катышып , Рыбачьеде-"Ак-Бата" ресторанын, "Деңиз" кафесинин, Кош-Көл пансионатынын, Ананьеводо пишекомбинаттын, Түптө нан заводун, Тоңдо азык-түлүк складын, Кажы-Сайда ЭТЗ заводунун администрациясы курулуштарына жетекчилик кылып пайдаланууга берген. 1993-жылдан бери Минжилкомхоз системасынын Балыкчыдагы ишканаларында жетекчилик кызматты аркалап бир топ ийгиликтердин ээси болду.

    Эмгегин баалап шаардын, Ысык-Көл областынын жана КР Президентинин ардак грамотасына татыктуу болду. Төрт баланын атасы жана беш неберенин кадырлуу чоң атасы. Бүгүнкү күнү Балыкчы шаардык "Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо" ишканасын жетектөөдө. Балыкчы шаардык Кеңешинин депутаты.

    Абдылдаев Сергей

    1939-жылы Ак-Сай айылында төрөлгөн. Атасы Тынаев Абдылда колхоздо башкарма, айылдык совет болуп иштеген адам эле.

    Сергей болсо орто мектепти бүтүргөндөн соң райондон автошколаны бүтүрүп, иш сапарын колхоздо айдоочу болуп иштеп, андан кийин Караколдогу бухгалтердик курсту бүтүп, райондо, акимчиликте ревизор - бухгалтер болуп иштеген. Андан кийин 22-партсъезд айылындагы колхоздо бухгалтер болуп, өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген. Ошол эмгектенген мезгилде колхозго көп салымдарын кошкон. Айылдын сыйлуу, аздектүү адамдарынан экени белгилүү. Ошол эле убакта жолдошу Жумабекова Жеңишкүл экөө 6 баланы тарбиялап-өстүрүшкөн. Жеңишкүл апабыз Ак-Сай айылынын эле кызы жана айылга баркы күчтүү адам. Айылдын дүкөнүндө иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Алты баланы багып өстүрүп, ошондой эле билим беришкен. Кыздары болгон эмес. Алты баласы тең эркек: Үмөтаалы, Бакыт, Жылдызбек, Болотбек, Марат, Эрик деген уулдарын окутуп чоңойтушкан. Үмөтаалы Семипалатинскидеги баалуу терилер техникумун бүтүрсө, Бакыт Куйбышев шаарындагы Педагогикалык техникумду, Жылдызбек Бишкекте Курулуш институтун, Болот Университеттин экономика бөлүмүн, ал эми Марат айылда калып, ата-энесине жардамдашып, Бөкөмбаев айылындагы № 81-училищасынын бухгалтер бөлүмүн, Эрик болсо Бишкектеги Жогорку Милиция окуу жайын бүтүрүп, ушул тапта Бишкек шаарындагы № 7-ПОМунун башчысы.

    Абдылдаев Сергей 1991-жылы жүрөк, боор, ревматизм оорулардын кесепетинен Каракол шаарындагы ооруканада дарыланып жатып каза болуп, сөөгү Ак-Сай айылына коюлган. Жеңишкүл апа 2008-жылы каза болгон.

    Абдылдаев Бакыт Сергеевич 6-сентабрь 1963-ж. Билими: жогорку. КР ИИМ запастагы офицери. Иштеген жери: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин бөлум башчысы.
    Аялы: Сатарова Бактыгүл Рыскуловна 05.11.1965-ж.
    Балдары: Абдылдаева Гульнара Бакытовна 13.01.1989-ж. Сергеева Гүлбара Бакытовна 18.01.1991-ж. Бакыт уулу Нурдан 15.10.1996-ж.

    Абдылдаев Жылдызбек Сергеевич 30-апрель 1966-ж. Билими: жогорку. Иштеген жери: Кыргыз Республикасына караштуу экологиялык-техникалык инспекциясынын башкы специалисти.
    Аялы: Мөкушова Динара Асангазиевна, 20.06.1968-ж.
    Балдары: Жылдызбекова Эльнура Жылдызбековна 14.10.1990-ж. Абдылдаева Айжамал Жылдызбековна 28.02.1994-ж. Жылдызбек кызы Айтолкун 04.12.1995-ж. Жылдызбек уулу Эржан 09.10.2003-ж.

    Абдылдаев Болот Сергеевич 16-апрель 1968-ж. Билими: жогорку. Иштеген жери: Кыргыз Республикасынын ИИМ Коррупцияга каршы башкармалыгынын болум башчысы. Милициянын полковниги.
    Аялы: Джумакунова Айткуль Асантуровна 11.12.1969-ж.
    Балдары: Сергеев Алтынбек Болотбекович 06.06.1995-ж. Болотбек уулу Аcылбек 16.05.1997-ж. Сергеев Бекжан Болотбекович 28.04.2004-ж.

    Абдылдаев Марат Сергеевич 19-ноябрь 1971-ж. Билими: орто. Иштеген жери: Кумтөр алтын комбинаты.
    Аялы: Тойгонбаева Айна Жайлообековна 01.06.1975-ж.
    Балдары: Сергеева Алтынай Маратовна 25.05.1995-ж. Сергеева Нурай Маратовна 29.09.1996-ж. Марат уулу Темирлан 27.07.2001-ж. Сергеев Айдар 28.03.2007-ж.

    Абдылдаев Эрик Сергеевич 10-май 1973-ж. Билими: жогорку. Иштеген жери: Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын бөлум башчысы. Милициянын полковниги.
    Аялы: Кыдырова Гулира Сулпукоровна 01.05.1974-ж.
    Балдары: Эрик кызы Нуржамал 25.09.1994-ж. Эрик уулу Кубан 16.02.1998-ж. Эрик кызы Эльгина 10.03.2006-ж. Сергеев Эрбол 08.02.2008-ж.

    АК-СУУ РАЙОНУНУН ЧОЛПОН АЙЫЛЫНДАГЫ БЕШБАЛА УРУУСУ                       (Мазмунга)

    Чолпондук бешбала уруусу 1916-жылкы үркүнгө чейин Түп суусунун жогору жагы - азыркы Токтоян, Сарытологой айылдары тарапта белек уруулары менен бирге жашашкан. Үркүндөн кайтып келишкенде Ырдык,Челпек айылдарынын тегерегинде 1919 - жылга чейин турушкан. Совет бийлиги орноп, элдерди отурукташташтыруу башталганда 1919-1920-жылдары илгери Көңдөйдүн талаасы, Сасык-Булак өрөөнү деп аталган аймакка бешбалалар чийки ылайдан тоо кирпич куюшуп , ашар жолу менен там салышкан. Көңдөй деп аталып калышынын себеби: Калмак арык менен суу жиберсе бир жерге гана сиңип кетип, ары барбай жерди сугарууга мүмкүн болгон эмес. Ошол эле өрөөндө булак бар аны Сасык-Булак дешет. Ашар жолу менен үй салышып, айдын жарыгы менен түнү бою иштешип, Чолпон жылдызы көрүнгөндө айылдын атын Чолпон болсун деп чечишкен дешчу илгерки карыялар.

    Чолпондо бешбала менен бирге Белектин теңизбай, элчибай, кожош уруулары жана башка адигине, кутчу, мундуз уруулары да отурукташкан. Чолпон айылы өтө түзоң, ташы жок, кара топурактуу жерге жайгашканы менен суу өтө тартыш. Айылга биринчилерден болуп там салган беш бала: Ырыскелди, Айдар, Кайнар булар бир туугандар. Ырыскелдинин Турганбай, Ишенбай деген эки уулу болгон. Турганбайдын уулу Үсөн. Турганбайдын көзү өтүп. Ишенбай 1967 – жылы армияга кетип, Россиядан орус кызга үйлөнүп, ошол бойдон айылга келген жок. Айдардын уулу Асан (1919 ж.т.) Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Кайнардын уулу Жумабек (1921 ж.т. ) согушта курман болгон. Айдар менен Кайнардан башка тукум калган эмес. Булар Буурчак энеден тараган. Абак уулу Кыдырмыш бир кыз, бир уулдуу болуп, уулу Саламат Чолпондо. Абактын атасы Шонко, анын атасы Жамангул, Үсөнай энеден тарагандар.

    Дурбук энеден тарагандар: Ысмайыл ата эки уул, эки кыздуу болгон. Уулдары Үсөнакун (1919 ж.т), Саалакун (1921 ж.т.) согушта курман болушту. Кызы Ырыскан эженин уул-кыздары таякелери менен Чолпондо жашашат. Сооронбай уулу Турдукожо, Мусокожо. Турдукожо ата балалуу болгон эмес. Мусокожо ата Күлүмкан жана Күлүйпа деген эки кыздуу болгон. Күлуйпа эже Чолпонго турмушка чыгып, көп балалуу болду. Жээндери айылда турушат. Сооронбай менен Боромбай бир тууган. Боромбайдын уулу Эркин ата жыгач устачылык кылып, ат араба жана башка шаймандарды жасачу. Телегей эне экөө жалгыз гана Жүкөш аттуу уулдуу болушкан, 1960-жылы дуйнодон кайтат.

    Жүкөш аба 1942-жылы Токуш жеңеге үйлөнүп, 1943-жылы майданга аттанган. 1943-жылы ноябрда “Мен госпиталдамын, бутумдан жарадар болдум, кескенге уруксаат бербедим, азыр дарыланып жакшы болуп калдым, кайра фронтко суранып жатам деп кат жазган. Ошол бойдон кабар келген эмес. 1943-жылы туулган Жүкөш уулу Осмонкан 2 уул, 2 кыздуу болот. Улуу уулу Акыл Чолпондо айыл өкмөтү болуп иштеп азыр фермер. Эки эркек бир кызы бар. Кичүү уулу Таалай Бишкекте жашайт, беш уулду болду. Улуу кызы Майрамкүл Бишкекте. Күйөө баласы Мелис Абдрахманов милициянын полковниги, Свердлов райондук бөлүмүнүн начальнигинин орун басары. Кичүү кызы Гулмира Чолпон айылында жашайт.

    Чолпонго отурукташкандардын ичинде Өмурзак атанын уулдары Узак, Карке, Чыкы аталар да болушкан. Узак ата бир кыз, эки уулдуу болгон. Улуу кызы Батма эже кошуна айыл Курбуга турмушка чыгып көп баланын энеси. Уулдары Асанбай, Айтбай Улуу Ата Мекендик согушка барып, Айтбай аба согуштан курман болгон, Асанбай аба согуштан жарадар болуп келип, колхоздо ферма башчы, бригадир болуп иштеп, 1986 – жылы каза болду. Уулу Ишен 1950-жылы туулган. Аялы Бурмакан экөө 5 уул, 5 кыздуу болушкан.

    Бурмакан Баатыр Эне. Ишен 1996 – жылы каза болду Уулдары Чолпондо турушат. Чыкы уулу Чеки (1895 ж.т.?) Сабатсыздыгын өз алдынча эле жоюп алган экен, тамга таанып жаза билгендиктен ветеринардык курстарды бүтүп, кохоздо көп жыл бою веттехник болуп иштеген. Өмурзактын эң кичүү уулу Рай 22 жашында кырсыктан каза болот. Жесири Алмадайды озүнөн сегиз жаш кичүү 12 жаштагы Чекиге нике кыйышат.

    Алмадай эне көп жыл бою төрөбөгөндүктөн 1944–жылы Чеки Бүбүкан энебизге үйлөнүп, 6 уул, 4 кыздуу болушкан. Бүбүкан эне «Баатыр эне» деген наамды Союз убагында эле алган. Алмадай эне бешбала кызы, атасы – Абак, Кыдырмыштын энеси. Согуш мезгилинде Чеки ата жумушчу армиянын катарында болуп, Боом капчыгайындагы темир жолду салууга катышкан жана 1976 – жылы дүйнөдөн кайтты. 1946 – жылы туулган тун уулу Осмон 1 эркек, 2 кыздуу болуп, 38 жаш курагында авариядан каза болду. Осмондун уулу Шераалы Бишкекте жашайт, 2 уулу бар. Чеки атанын калган уул-кыздары бардыгы Чолпондо, жана кошуна айылдарда жашашат. Бүбүкан эне 87 жашында 2001-ж. дүйнөдөн кайтты.

    Менин чоң атам Каркенин эки аялы болгон, улуусу Шамурат, кичүүсү Моколой. Моколойду чоң энем төрөптүр. Чоң атамдын эң улуу баласы Бейше менин атам. Кызы Алмадай, кичүү уулу Кудайберген. Эжебиз Алмадай Сарыкол–Михайловкага күйөөгө чыгып, үч эркек, бир кыздуу болушкан. Азыр Сарыкөлдөгү жээндер 16 түтүнгө жетти.

    Кудайберген молдокем (1900 ж.т.) арабча окуй билгендиктен Чолпондуктар Молдоке дешчу. Кийин сабатсыздыгын жоюп, латын алфавитинде, орусча окуп жана жаза билгиндиктен 1930-1940-жылдары Айылдык Кеңештин төрагасы (Сельсовет) болуп иштеген. Согуш жылдары согушка катышып, 1945 – жылы согуштан кайтып келип, 1949 – жылга чейин мугалим, 1949-1953–жылга чейин Чолпон жети жылдык мектебинин директору болуп эмгектенген. Кийин мугалим болуп жүрүп пенсияга чыккан.

    Чолпон айылында 1949-жылгы чейин 4 класстык мектеп болгон. 1949-жылдан 1960-жылга чейин жети жылдык мектеп, кийин орто мектеп болду. Кудайберген молдоке бир уул, бир кыздын атасы болгон. Уулу Абакир (1928 ж.т.) Чолпондо бухгалтердик кызматта жүрүп, пенсияга чыкты. Анын эки кызы бар - Кымбат жана Салтанат. Ал азыр 85 жашта - Чолпондуктардын ардактуу аксакалы. Молдокемдин кызы Акиш эже 1952 – жылы Адыбай деген баланы багып алып, иниси Абакирдин наамына Абакиров деп жаздырып койгондуктан Абакиров Адыбай бойдок катталып калган. Адыбайдын Сапар, Капар деген уулдары, 2 кызы Чолпондо. Өзү 2010-жылы каза болду. Акиш эже Чолпондо жашап жүрүп, 1994-жылы 68 жашында дүйнөдөн кайтты.

    Менин атам Бейше 1889-жылы туулган. Энем Бүбүзуура 1908-жылы туулган. Атам мурда үйлөнүп, аялы каза болгондон кийин менин энеме 1922 – жылы үйлөнүптүр. Энем 13 бала төрөп, бешөө жаштайынан эле чарчап калышыпыптыр.

    Улуу эжем Батыш 1925- жылы туулган. Согуш маалында колхоздо ата-энемдер менен эмгектеншикен. Биздин колхоздун аты «Өрнөк» деп аталып, Түп районуна карачу. Батыш эжем төрт эркек, бир кыдын энеси бирок, үч эркеги тең каза болуп, азыр бир уул, бир кызы бар. Өзү 2012- жылы 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Экинчи эжем Шеке 1932-жылы туулган. 1949-жылы өзүбүздүн айылдык Эсенгул жезде менен турмуш куруп, төрт уул, беш кыздуу болушкан. Эсенгул жезде 1967-жылы 37 жаш курагында көз жуумп, эжем тогуз баланы жалгыз өзү «Каракол» совхозунда жумушчу болуп иштеп жүрүп, чоң кыйынчылыктар менен чоңойткон. Жездемдин эки бир тууганы Орускул жан Ырыскул-согушта курман болушкан экен. Башка бир туугандары болбондуктан эжеме жардам берер туугандары жок эле. Кыйынчылыкка карабай уул кыздарын орто мектепти бүтүргөнгө чейин өз колунда тарбиялады. Азыр жээндер бешбала таякелери менен Чолпондо турушат. Улуу кызы Жекшекан да Чолпонго турмушка чыккан, анын 6 баласы, 8 небереси бар. Эжемдин төрт кызы Бишкекте турушат. «Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» дегендей, эжем азыр дөөлөттүү кары болуп, уул кыздарынын сый-урматында.

    Андан кийинки эжем Зина 1936-жылы туулган. 1954-жылы Түп районунун Шаты айылына турмушка чыгып, жездем Жекшен экөө беш эркек, эки кыздуу болушкан. Жездем 2010-жылы каза болду. Эжем уулдары менен Шатыда турат.

    Төртүнчү эжем Бурмакан 1938-жылы туулган. 1959-жылы Балтабай айылына турмушка чыгып, жездем Токочбай экөө эки уул, үч кызды тарбиялап өстүрүштү. Жездем 1983-жылы каза болду. Уулу Бакыт 1991-жылы оорудан көз жумду. Эжем азыр Балтабай айылында уулу Нурдин жана неберелери менен турат.

    Төрт кыздан кийин агам Кадырбай 1939-жылы туулган. Мен 1942-жылы, иним Султан 1947-жылы эгиз туулуп, түгөйү Тотина деген кыз 7 айында чарчап калган экен. Карындашым Дүйшөкан 1950-жылы туулган. Сегиз баланы өстүрүп, окутуу ата-энем үчүн абдан эле кыйынчылыкка турган. Атам согуш убагында жумушчу армияда болуп, кийин колхоздун кара жумушунда иштеген. Атам сыяктуу эле Кыдырмыш, Рыскелди, Турдукожо, Мусокожо окшогон аксакалдар өмүр бою кара жердин төшүн тытып, карандай дыйканчылык, малчылык менен күн көрүшкөн. Энем болсо колхоздун апийимин отоп, тилип, бизди багып, түйшүктүү турмушту тарткан. Ал убакта колхоздо күзүндө гана түшүм болсо, эмгек күнгө эгин таратчу. Кийим-кечек тартыш болгондуктан, улуубузга батпай калган кийимди кийчүүбүз. Кышында айылга суу келбегендиктен, карды эритип ичүүчүбүз. Суу май айынын башында гана келчү. Жаз келгенде карды чөмөлөп, кендирди боолап, чөмөлөнгөн карды жаап коюп, четинен алып эритип ичээр элек. Чогултулган кар түгөнгөндө төрт чакырым алыстыктагы Сасык-Булактан барып апкөчтү моюнга илип, суу ташып келчүбуз. Ал убакта фляга да жок эле. Бир жолу 1925-жылдары Сүкөй деген энебиз жаш келин кезинде үйүнө уятту конок келип, апкөчкө эки чаканы илип, Сасык-Булактан суу алып келатып үйүнүн жанынан чалынып жыгылып суусу төгүлүп калат. Ошондо: «Өлүгүңдү көрөйүн Сүкөй, күнгөйгө эмне тийбейсиң, тескейге эмне тийбейсин» - деп, өзүн-өзү тилдеп, бир саат ыйлаган деп, айылдаштары ылакап кылышчу. Электр жарыгы болбогондуктан керосин лампа колдончубуз, бирок керосин да тартыш эле. Кышында түнкүсүн сабак даярданганда, керосин түгөнөт деп, энем убакытка чектөө койчу. Отун да тартыш болоор эле. Жалгыз уйдун жампасын күнүгө жайып койчубуз. Аны кышында жагып, андан кийин темир мешке саман жакчубуз. От өчөөрү менен эле үй муздачу. Мектепке барганда деле сырткы кийимчен сабак окучубуз, себеби ал жакта деле бир аз эле тезек жагылчу. Ал убакта кыш өтө катаал болоор эле, 1,3 - 1,5 метирге чейин кар жаачу. Жаз келээри менен эле ата-энелерибиз менен бирге огородко картошка отургузуп, аны отоп, түптөп, каникул убагында энем менен бирге апийим отоочумун. Кадырбай экөөбүз 8-9 жашыбыздан эле жайкы каникулда өгүз минип чейне тарттык. Кечкисин куурулган арпаны сокуга күүшөп, жаргылчакка талкан тарттчубуз. Мектепке барганда окуу куралдары деле жетишчу эмес. Талдын бутагын кесип, башын тилип, учту сайып, жип менен бекитип, пеницилиндин бөтөлкөсүнө таблеткага окшогон сыяны сууга эритип анан жазчубуз. Буларды айтсаң азыркы балдар жомок катары көрүшөт. Мектепке жалан кат шым менен барып, трусы жок эркек балдар күрөшө кетип шымыбызды айрып алып, кыздарга далай күлкү болгонбуз. Ушундай турмушту жеке эле биздин үй-бүлө эмес, айылдын басымдуу көпчүлүгү баштарынан кечиришти.

    Чолпондо 1949-жылы 7 жылдык мектеп ачылган. Мен 1950-жылы ушул мектепке 1-класска кирдим. 1955-жылы энем күтүүсүздөн 48 жашында каза болду. Бурмакан эжем ал кезде Талды-Суудагы интернатта 8-класста окучу. Үйдө атам, Кадырбай, мен, Султан, Дуйшакан бешөөбуз калдык. Балтабай айылында жашаган тайэжебиз Турдукан Дүйшөканды багып алды. Бир жылдан кийин атам бизди өгөй энелуу кылды. Бирок өзү 1957-ж.17-апрелде ашказандын рак оорусунан каза болду. Өгөй энебиз ошол жылдын күзүндө төркүнүнө кетип калды. Мен да Талды-Суудага интернатка өттүм. Султан Абакир абанын колунда калды. Кадырбай Советтик Армиянын катарына барып, үч жыл кызмат өтөдү. Армиядан келгенден кийин «Каракол» совхозунда койчу, жумушчу болуп иштеп жүрүп Майраш жеңеге үйлөнүп, эки уул, үч кыздуу болушту. Улуу уулу Казакбай 2008-жылы 38 жашында каза болду. Анын бир уул, эки кызы бар. Кичуу уулу Азамат келинчеги Венера экөөнүн беш баласы бар. Ата-энесин багып Чолпондо турушат. Кадырбайдын үч кызы турмуш куруп, бала чакалуу болушкан.

    «Өрнөк» колхозу 1958-жылы Ак-суу районуна караштуу «Каракол» совхозуна кошулган. Ушул мезгилден тартып элдин турмушу акырындык менен оңоло баштады. Ай сайын аз да болсо маяна алышчу. 1959-жылы айылдан кудук казып, дизельдик мотор менен суу сордуруп чыгарылып, 1960-жылы электр жарыгы, радио түйүнү тартылып, айыл турмушу жакшыра баштады.

    Султан 1960-жылы Чолпондогу жети жылдык мектепти бүтүрүп, Түп районундагы мурунку «Светлый-Мыстагы» кесипчилик-техникалык училищада (ПТУ) окуп, 1963 жылы бүтурүп, «Каракол» совхозунда механизатор болуп иштеди. 1967-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1970-жылга чейин Азейрбайжандын Баку шаарында кызмат өтөдү. 1970-жылы Бишкеке келип № 8-автобазада нан тарткан машина айдады. 1973-жылы Назирага үйлөндү. 1976-1996-жылдары 10 жыл автобазада иштеди. 1980 -жылы Токмоктогу механизация техникумун сырттан окуп бүткөн. 3 уул, 2 кыздуу болушкан. Улуу уулу Нурлан 1999-жылы 25 жаш курагында кырсыктан каза болду Ортончу уулу Мирлан жогорку окуу жайын бүтүп, азыр Арабаев атындагы университете мугалим болуп эмгектенет. Эки кызы тең - Гулзат, Чолпон - жогорку билимдүү, үй бүлөлүү болушуп, Бишкекте турушат. Кичүү уулу Кудайберген 6 – класста окуйт. Нурландан бир уул, бир кыз калды. Мирландын эки уулу бар. Келиним Назира бухгалтер болуп иштейт. Султан 2004 -жылы узакка созулган оорудан кийин каза болду.

    1960-жылы мен Талды-Суу орто мектебин бүтүргөндө, интернаттын кийимдерин чечип калышты. Эптеп эски кийимдерди кийип, Чолпонго келип, эки жолдошум менен 30 миң кирпич куюп, кийим кечекти бүтөп алганым эсимде. Ошол эле жылы Караколдогу Инститтун физика-математика факультетине окууга кирдим. «Үйүңөр Караколго жакын экен» деп жатакана бербей койгондуктан, Эсей деген аты уйкаш досум экөөбүз бир өзүбөктүн бир бөлмөлүү времянкасына жашоого туура келди. Ал убакта эжелер деле жакыр жашагандыктан, жардам берүүгө чамалары келбеди. Аты уйкашым экөөбүз кышында үйгө от жага албадык, отун жок. Досумдун атасы согуштан курман болгон. Эптеп термуска чай кайнатып, тамак жасап ичебиз. Түнкү саат 10 го чейин китепкананын окуу залында сабак даярдап, анан үйгө келип жатабыз. Жууркан-төшөк деле чамалуу.

    1961-жылы апрель айында институтту таштап, совхозго жумушка кирип, Абакир абанын үйүндө жашап калдым. 1961-жылдын ноябрынан 1962-жылдын августуна чейин Абакир аба экөөбүз бир короо кой бактык. 1962-жылы ноябрда Армияга чакырылып Бишкеке келдим. Литванын Вильнюс шаарынан 10 айлык санитардык инструкторунун курсун бүтүп, калган 2 жылдык армиялык милдетти Бишкекте өтөдүм. 1965-жылы ноябрда демобилизация болуп, Бишкектеги Ленин заводуна жумушка орноштум. Гальваник болуп 4 жыл иштедим. 2 жылга жакын заводдун жатаканасында жашоого туура келди. 1967-жылы, августа Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетинин кечки бөлүмүнө экзамен тапшырып, окууга өтүп кеттим.

    21- августа 1967-жылы өмүрлүк жарым Асбүбү экөөбүз баш коштук. Ал кезде Асбүбү Бишкектеги жеңил өнөр-жай техникумунун кечки бөлүмүнүн 3-курсунда окуп, күндүзү Комволдук-Нооту Комбинатында иштөөчү. Төрт жылча орус туугандардын батирлеринде жашадык. Заводдо үч сменалык жумуш болгондуктан, бир сменалык жумуш издөөгө туура келди. 1969 – жылы Бишкектеги арак заводуна жумушчу болуп кирип, кийин товароведдик кызматка которулдум. 1969-жылы 26-майда биринчи уулубуз Алмаз төрөлдү. Ошол эле жылы Бишкектен 300 м2 жер тилкесин үй салуу үчүн 1-май райисколкому чечим чыгарып берди. Аракзаводу 600 рубль ссуда берди. Ошонтип, Асбүбү экөөбүз үй курууга аракет кылдык. 1971-жылы 9-февралда экинчи уулубуз Болот төрөлдү. Ал кезде Бишкекте бала бакчага яслиге 3-4 жылдан кезекте турчубуз. Асбүбү иштебей бала багууга туура келди. Кайын энем Самар 1965-жылы дүйнөдөн көзү өтүп кеткен экен. Балдарды бактырганга киши чыкпай турган кезде Бурмакан эжем Болотту 6 айлык кезинде өзүнүн эмчегин эмизип, 2 жашка чыкканча багып берди. Кайынатам Абдылда өзү тиккен теректерин кыйып, бир үйдүн чатырына жетерлик кылып Токмоктун жогору жагындагы Дөң-Арык айылынан машина менен жеткиришип берди. Үйдүн фундаментин кайынагам Чойбек таш түшүрүп, өзунүн достору менен бүткөрдү. Үйдүн дубалын тургузганга гана уста жалдадык. Калган жумуштун баарын Султан досу менен, Чолпондук жолдошу экөө жасашты. Ошентип, 1972-жылы туугандардын жардамы менен биз үйлүү болуп калдык. Султан Назира келинимди биздин үйгө алып келди. Той биздин үйдө өттү.

    1972-жылы университетти бүтүрүп, кесибим боюнча Кыргызпотребсоюздун жер-жемиш иштетүүчү комбинатында бир жарым жыл экономист болуп иштедим. 1974-жылы Нургүл аттуу кыздуу болдук.

    1973-1977-жылдары Фрунзе шаардык элди жумушка орноштуруу мекемесинин жетекчиси, 1977-1980 жылдары Шампанвинкомбинатында цехтин башчысы болуп иштедим. 1980-1983-жылдары Фрунзе нефть базасында директор, 1983-1988-жылдары Госснабтын Вторсырье бирикмесинде пландоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткардым. 1988-1995-жылдары Госснабтын курулуш материалдары менен жабдуучу базасынын директору болуп иштеп жүрүп пенсияга чыктым.

    Асбүбү техникумду бүткөндөн кийин турмуш тиричиликти тейлөө министерствосунун борбордук базасында товаровед болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыкканга чейин, башкача айтканда Союз тараганча эмгектенди.

    Азыркы убакта уулум Алмаз Мамлекеттик Мүлк Комитетинде, банкрот болгон ишканалар боюнча спецадминистратор болуп иштейт. Келиним Назгүл банкта бухгалтер, алар үч кыздуу болушту.

    Кичүү уулум Болот Бишкек шаардык госрегистринин башчысынын орун басары, эки кыздын атасы.

    Кызым Нургуль “Компаньон” деген микрокредит берүүчү мекеменин башкы бухгалтери. Күйөө балам Эсенбаев Турсунбек Үсөнбек уулу 2006-жылы 30 жашында кырсыктан каза болду. Кудам Үсөнбек Эсенбаев ОсОО “Токмокавто” бирикме коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын автотранспортуна эмгек сиңирген кызматкер, «Даңк» медалынын кавалери, жана Разаков атындагы Кыргыз Республиканын Техникалык Универсиетинин ардакттуу профессору. Жети-Өгүздүн Тилекмат айылында туулун өскөн. Ал Тилекмат акенин тукумдарынан.

    Чолпон айылында айдоо жер көп болгондуктан Союз тараганда ар бир адамга 1,5 гектардан үлүш жер тийген, көпчүлүгү кайрак жерлер. Ошонтсе да, иштеген адамдар өз аракеттери менен турмуштарын оңоп алышты. Ысык-Көл облусу боюнча Чолпондуктардын турмуштары бир топ эле алдыга жылып келе жатат. Бирок, Чолпондук бешбаладан алдыга чыккан жеке, чыгаан фермерлер же алгылыктуу бизнесмендерибиз азырынча жок.

    Бешбаладан тараган баардыгынын өмүр чыйырлары доордун эң кыйын мезгилдерине туш болуп, келечек муундарына тарыхий из калтырышкан. Заман оңолуп, бешбаланын уруусунан тараган эр азаматтардын жолугушчу жолдору бай окуяларга, жакшы сөздөргө жык толсун демекчибиз!

    Эсей Бейше уулу. Бишкек ш., 2013-ж.

    ДАРХАН АЙЫЛЫНДАГЫ БЕШБАЛА УРУУСУ                       (Мазмунга)

    Токтомуштан Дүйшөгул, андан Төлөн. Төлөндөн Жанбала анын балдары Кыдык, Бакшан, Дыйкан, Чыпак, Курман, Коңурбай, Бакшандан Жумагул балдары Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында, Дыйкандан Бөкөнбаев айылында.

    Кыдык уулу Эши болжол менен 1870-1874-жылдары төрөлгөн. 1933-34-жылдары 59 жашында каза болгон экен. Көк-Сай айылына кайсы жылдары келгени белгисиз, бирок болжол менен 1918-19-жылдары Даркандан чоң энебизге үйлөнүптүр. Чоң энебиз төртүнчү аялы болгон экен. Биринчи аялынан улуу кызы Турсун эжебиз, Даркан айылынан, тойчу уруусунан Шамыр аттуу кишиге турмушка чыгып, бир эркек, үч кыз төрөгөн. Андан кийин Эши атабыз Даркан айылынан чоң энебиз Бүбүканга үйлөнгөн. Чоң энебиздин уруусу итийбас, андан бир кыз, эки эркек болгон. Биринчи кызы Эшиева Жумакан 1928-жылы туулган. Ал өмүр бою Караколдогу тигүү фабрикасында бригадир болуп иштеген. Жумакан эжеден бир кыз бар.

    Биринчи уулу – Эши уулу Канимет 1930-ж. туулган. Ал 1950-52-жылдары “Ала-Тоо” колхозунда темир дөңгөлөктүү трактор айдап иштеген. Андан кийинки жылдары талаачылыкта жана уй фермада иштеп жүрүп, пенсияга чыгып, 2007-жылы каза болгон. Энебиз Эшиева Бурулуш 1932-жылы Тоң районунун Темир-Канат айылында туулган, уруусу - көкжаак. Эшиев Каныметтин балдары -Таалайбек, Таланткүл, Татайбек.

    Эшиев Таалайбектин жолдошу Үсөнова Жаңыл, уруусу – бапа, билими орто, мугалим. Алардын эки уул, эки кызы бар. Улуу кызы Жанаркүл, билими жогорку, үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Жолдошу Шүкүрканов Улан Куттубаевич - Күрмөнтү айылынан, билими жогорку, уруусу - толубай. Экинчи уулу Сүйүнбек, билими жогорку, үй-бүлөлүү, бир кызы бар, жолдошу Эсентурова Мээрим Аскаровна - Оргочор айылында туулган, уруусу-муратчан. Азыркы учурда Москва шаарында жашашат. Мээримдин атасы Каптагаев Аскар Эсентурович 1958-жылы Оргочор айылында туулган, азыр ушул айылда чабан. Таалайбек кызы Дамира, билими орто, медициналык окуу жайды бүтүп, үй бүлөөлүү, жолдошу Эргешов Алтынбек - Жаркынбай айылынан, билими орто. Кичүү уулу Каныметов Жаныбек Таалайбекович, азыр Юракадемияда студент.

    Эшиева Таланткүл Каныметовна, билими жогорку, Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Университетте мугалим, үй-бүлөлүү, бир кызы бар, жолдошу Айтпаев Сапар Окенович Саруу айылынан, уруусу - данке.

    Эши уулу Желдеңбай 1932-жылы Даркан айылында туулган. Чарбада ревизиялык комиссиянын төрагасы, бригадирдин учет жүргүзүү кызматында жана чарбада малчы болуп эмгектенген. Ал 2009-жылы дүйнөдөн кайткан. Энебиз Эшиева Сайра 1938-жылы Жети-Өгүз айылында туулган, уруусу - чалыр. Ал 1993-жылы каза болгон. Алардан 4 кыз, 4 эркек бала бар. Биринчи кызы Эшиева Салкын Желдеңбаевна, жогорку билимдүү, эки баланын энеси, жолдошу Иманбеков Догдурбай Корумду айылынан, уруусу - боор. Улуу баласы Жумаев Эрнис, жогорку билимдүү, азыркы учурда Москва шаарында иштейт. Экинчи баласы Догдурбаев Аман, жогорку билимдүү, банк кызматкери. Азыркы учурда Каракол шаарында жашашат. Экинчи кызы Эшиева Жаркын Желдеңбаевна, билими орто, эки баланын энеси, жолдошу Рузиев Абдувахаб Ырдык айылынын тургуну. Баласы Рузиев Табылды, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, азыркы учурда Москва шаарында иштейт. Үчүнчү уулу Эшиев Өмүрбек Желдеңбаевич, орто билимдүү, айыл чарба техникумун бүткөн, үй-бүлөлүү, жолдошу Ниязбаева Чолпон Саруу айылынан, орто билимдүү, кесиби медик, уруусу - күркүрөө. Алардын бир эркек, эки кызы бар. Уулу Жумабек, Бишкектеги Милициялык окуу жайда студент. Кыздары - Айдай жана Айдана мектеп окуучулары. Төртүнчү кызы Эшиева Жыргал Желдеңбаевна. Ал Ташкенттеги Электротехникалык институтту бүткөн. Азыр, ушул убакта Караколдогу областтык телекомдо бөлүм башчы болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, үч эркек, бир кызы бар. Жолдошу Андюк Алижан, жогорку билимдүү инженер-байланышчы, азыркы учурда Оргочордо телевышкада иштейт.

    Бешинчи уулу Эшиев Талантбек Желдеңбаевич, үй-бүлөлүү, эки эркек, бир кызы бар, алар мектеп окуучулары. Жолдошу Фарида Жети-Өгүз айылынан.

    Алтынчы уулу Эшиев Төлөнбек Желдеңбаевич, орто билимдүү, үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Жолдошу Шаршенбек кызы Жылдыз Тоң районунун Бөкөмбаев айылынан, жогорку билимдүү, кесиби мугалим. Жылдыздын атасы Бектурганов Шаршенбек - врач-хирург, энеси болсо Сарбанова Гүлай - мугалимдик кесипте иштейт, уруусу - көкүм. Кызы Эшиева Керемет мектеп окуучусу. Уулу Балбай мектеп жашына жете элек.

    Жетинчи кызы Эшиева Алтынкүл Желдеңбаевна, жогорку билимдүү, юрист, үй-бүлөлүү, баласы – Жандил мектеп жашында. Азыркы учурда Жети-Өгүз РОВДсында иштейт, милициянын капитаны. Жолдошу Жортушов Аскарбек Керимбаевич, Бөкөмбаев айылында туулган, уруусу - алдаке.

    Сегизинчи уулу Эшиев Алтынбек Желдеңбаевич, орто билимдүү, үй-бүлөлүү, кыздары Альбина, Мадина мектеп окуучулары. Ал 1993-жылдан бери Москва шаарында жашайт. Жолдошу Майрам Оргочор айылынан, уруусу – беш бала.

    Эши менен бир тууган – Кыдык уулу Шамыкенин туулган жылдары белгисиз. Шамыке уулу Сейитказы 1874-жылы туулган. 1941-45-жылдары Ата-Мекендик согушка катышып, 1946-жылы каза болгон. Анын бир уулу жана бир кызы бар. Уулу Жүдөмүш 1938-жылы туулуп, 1962-жылдан баштап, Кажы-Сай автобазасында иштеп пенсияга чыккан. Андан бир уул, бир кыз бар. Жолдошу Эсенбаева Роза 1948-жылы Ичке-Булуң айылында туулган, билими жогорку, врач, уруусу - талкан. Азыркы учурда Кажы-Сай айылында жашайт. Уулу Сейитказиев Марат 1987-жылы туулган, билими жогорку, үй-бүлөлүү, жолдошу Уулжан Желе-Дөбө айылынан, билими жогорку, мугалим. Ата-энеси менен Кажы-Сайда. Кызы Сейитказиева Жаңыл 1936-жылы Даркан айылында туулган, жолдошу Рузиев Абдуваит, улуту уйгур, Ырдык айылын тургуну. Алардын төрт эркек, үч кызы бар.

    ЖЕҢИШ (ЧЫЧКАН) АЙЫЛЫНДАГЫ БЕШ БАЛАЛАР                       (Мазмунга)

    Каргаев Бугучу Каргаевич 1888-жылы төрөлгөн. 1916-жылкы үркүндө бүт кыргыз эли Кытайды көздөй качканда, Бугучу ата иниси Кожомкулду ээрчитип алып, Өзбекистандын Кучор деген жерине кетип, үркүндөн кийин кайра кайтып келген. Чычкан айылындагы манап Үкүев Байгазынын бухгалтер-кассири болуп иштеген. Байгазынын ун салган тегирмени, май, тери заводу болгон. 1924-жылы колхоз уюшулуп, ошондо Бугучу башкарманын орун басары болгон. Райондон келген чоңдор бул киши менен кеңешип турушчу экен. Талаанын кайсыл жерине апийим, беде, же жүгөрү айдаларын, арык кайда салынарын ушул киши билчү экен. Кийин бригадир болуп эмгектенип, ошол убакта айылдагы көйгөлүү маселелерди чечип, кара кылды как жарган адилеттүү, калыс адам болгондугу айтылып жүрөт. Апийим айдалып катуу көзөмөлгө алынган кезде, бир кесинди чөпүрөккө түйүлгөн апийим таап алышат. Аны Бугучу атага көрсөтсө ал: «- Бул Шарипа жеңемдин көйнөгү»,- деп айтат. Ушунчалык ак жүрөк, өкмөткө өтө берилген, ак ниет адам болгон экен. Согуш убагында карагай даярдашып өкмөткө өткөргөн. Колхоздо эмне жумуш болсо жардамын аябай, акыл-насаатын айтып турган.

    Каргаев Темирбек Бугучиевич 1951-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу, Жеңиш айылында төрөлгөн. Атасы Каргаев Бугучу кадыр барктуу, калыс адам болгон экендиги жогоруда айтылды. Энеси Кутунаева Айшекер колхоздун ар кайсы жумуштарында эмгектенген. Темирбек 7 жашына чейин ата-энесинин колунда тарбияланып, 1958-жылы Чычкан орто мектебине кирип, 1968-жылы аяктагандан кийин, Каракол шаарында шофёрдук курсту бүтүргөдөн кийин, эмгек жолун Покровка автобазасында айдоочу болуп баштаган. Үзүрлүү эмгеги үчүн көптөгөн грамоталардын жана сыйлыктардын ээси. 1994-жылдан тартып, Жеңиш айлындагы кооперативдин техникалык сервисинде инженер, 1995-жылдан тартып, «Беш бала» дыйкан чарбасына жетекчи болуп иштеген.

    Жаргылчак айыл өкмөтүнө, жергиликтүү кеңештин 3 жолку депутаты болуп шайланган. 2005-жылдан баштап Жаргылчак айыл өкмөтүнө, тыштан келген инвессторлорду тартып келип, 30 миллион сомду айылды өнүктүрүүгө жумшаган. Мисалы: китепкана, клуб, ФАП, мектепти капиталдык ремонт жасатып, айылдагы арыктарга көпүрөлөрдү салдырган. Каргаев Темирбек адамдын көңүлүн калтырбаган жумшак, токтоо, ак көңүл, эли үчүн кам көргөн адам эле. Ал 2011-жылы 10-майда дүйнөдөн кайткан.

    Уулу Каргаев Алтынбек Темирбекович 2007-жылдан баштап, Жети-Өгүз райондук “Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгында” жетектөөчү адис болуп эмгектенүүдө. Кызы Каргаева Нур Каракол шаарындагы «Дружба» мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Дагы бир кызы Элзат Жеңиш айлындагы Б.Үкүев атындагы орто мектебинде окуйт.

    Каргаев Темирбек 4 бир тууган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кызы бар. Жубайы Баякунова Тамара Үч-Кошкон геология экспедициясында иштеп, азыр пенсияда.

    Декебаев Малайбек Кудайбергенович 1949-жылы Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында туулган. Атасы Акунов Кудайберген, энеси Декебаева Ракыя ошол кезде лесхоздо эмгектенишкен. Декебаев Малайбек 4-класска чейин Чоң-Жаргылчак мектебинде окуп, 1960-жылы Жеңиш айылына көчүп келишкен. 1966-жылы армияга барып келип, 1967-жылы үйлөнгөн. Аялы Жумадылова Сайраш 40 жыл клубда иштеп, азыр пенсияда. Алардын 7 кыз, 1 уулу чоңоюп, өз ордуларын тапты. Уулу үйлөнүп, 3 балалуу. Ал эмгек жолун колхоздо трактор айдап баштап, айылдык кеңештин 3 жолку, райондук кеңештин 1 жолку депутаты богон. Үзүрлүү эмгеги үчүн ага үй берилип, райондун борборунда Ардак тактада сүрөтү илинип, көптөгөн грамоталардын ээси болгон. 1975-жылдан баштап айылда таалачылык боюнча эсептөөчү жана башка жумуштарда күнү-түнү эл үчүн эмгектенген. Декебаев Малайбектин мүнөзү токтоо, чечкиндүү, калыс адам болгон. Ал 1990-жылы катуу оорудан каза болгон.

    Таабалдиев Акиш 1924-жылы Чычкан айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согушка чейин колхоздо ар кайсы жумушта иштеп, 1942-жылы Ата Мекендик согушка кетип, 1949-жылы келген. Уулу Ата Мекендик согушта ички иштер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Москвада Монетный дворду кайтарып, ал жактан Комунисттик Партияга өткөн. 1950-жылы үйлөнүп, 13 баланын атасы болгон. Согуш мезгилинен кийин сугатчы болуп эмгектенген. 1996-жылы май айында каза болгон.

    Жеңиш (Чычкан) айылында 35 түтүн беш бала жашайт, алардын 11 түтүнү айылдан сырткары Бишкек, Балыкчы, Каракол шаарларында жана Кызыл-Суу айылындарында жашашат. Беш бала уруусунун башчысы Дүйшеев Аскарбек, Жеңиш айыл башчысы Декебаев Таалайбек.

    АК-ДӨБӨ АЙЫЛЫНДАГЫ БЕШ БАЛАЛАР
    (Тыныбеков Замирбектин толуктоосу менен)                      
    (Мазмунга)

     МОКЕЕВ БАПА

     ТЫНЫБЕКОВ ЭШЕН

    Тыныбеков Жунушбек Эшенович 1953-жылы Ак-Дөбө айылында туулган, жогорку билимдүү, кесиби боюнча - бухгалтер, юрист. Каракол шаарынын ИИМнин ардагери. Алгачкы эмгек жолун 1970-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев атындагы орто мектепти аяктагандан кийин, ошол эле айылдагы райондук Өрт өчүрүү бөлүмүндө иштеп баштаган. 1971-73-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1973-78-жылдары Фрунзе шаарындагы СССР дин 50 жылдыгы атындагы Университеттин экономика факультетинин бухгалтердик адистигин, 1996-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин Каракол шаарындагы филиалынын юридикалык факультетин бүтүргөн. 1978-79-жылдары Жети-Өгүз райондук айыл чарба кызматкерлеринин профсоюздук комитетинде инструктор болуп иштеген. 1979-81-жылга чейин Жети-Өгүз районунун Покровка айылындагы керек-жарак коомунда катардагы бухгалтерлик жумушта, андан кийин Тоң райондук керек-жарак коомунда товаровед болуп эмгектенген. Иштеген иштеринин учурунда жумуштагы ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын керек-жарак Союзунун грамоталары менен сылйланууга татыктуу болгон.

    1981-жылдан 1993-жылга чейин Ысык-Көл Ички иштер башкармалыгында, Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө Каракол шаардык Ички Иштер бөлүмүндө социалисттик менчикти коргоо кызматында, оперуполномоченный, бөлүм башчысы кызматында эмгектенген. Иштеги ийгиликтери үчүн Ички Иштер Министрлигинин, областык башкармалыгынын жетекчилигинин грамота, медаль жана башка сыйлыктарына ээ болгон. 1982-83-жылдары областтык Ички Иштер башкармачылыгынын Ардак Тактасына сүрөтү илинген. 1993-жылы Ички Иштер Министрлигинен майор чинин алып, пенсияга чыккан.

    1993-99-жылдары Ысык-Көл областтык салык инспексиясында ар кандай кызматтарды өтөп иштеп, анын ичинде Салык полициясынын тергөө бөлүмүндө ага тергөөчү болуп да иштеген.1999-2000-жылдары Ысык-Көл областтык статистика бөлүмүнүн Каракол шаардык статистика бөлүмүндө жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.

    2000-10-жылдары Каракол шаарынын мэриясынын юридикалык секторунун жетекчиси милдетин аткарган.

    Шайлоо учурунда областык, шаардык, участкалык комиссиясында активдүү катышып, жардамын көрсөткөн. Өз ишине мээнеткеч, адилет мамиле кылып, ак ниет иш алып барган. Учурда Каракол шаарынын Ардагерлер Кеңешинин бухгалтери кызматын аркалоодо.

    Өзүнүн эмгекчилдиги, турмуштагы бай тажрыйбасын жаш кадрлар арасында, өспүрүмдөргө патриоттуулукту, мекенди сүйүү, коомдук тартипти бузбоо жана болтурбоо иштерине активдүү катышып келет.

    Жунушбек Тыныбеков жети бир тууган, 4 баланын атасы.

    Тыныбеков Замирбек Эшенович 1955-жылдын 20-апрелинде Ак-Дөбө айылында туулган, билими жогорку.

    Эмгек жолун Тоң районундагы коммуналдык өндүрүштө слесарь болуп 1972-жылы баштаган.

    1981-93-жылдары Каракол шаарында областык финансы инспекциясында катардагы текшерүүчү-ревизордон баштап, Ысык-Көл областык Текшерүү-ревизиялык башкармачылыгынын начальнигине чейинки кызматтарды аркалаган.

    1993-94 -жылдары Ысык-Көл областык мамлекеттик финансы инспекциясынын орун басары кызматына көтөрүлгөн.

    1994-95-жылдары Бишкек шаарындагы “Алмаз” холдинг компаниясынын вице президенти болуп, 1995-96- жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдындагы Текшерүү Палатасында инспектор болуп кызмат өтөгөн.

    1996-1998-ж.ж. КР Премьер-министринин аппаратында референт, 1998-2003-ж.ж. КР Эсептөө Палатасында башкы инспектор жана текшерүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

    2005-10-жылдары Бишкек шаарында “Мекеним Кыргызстан” коомдук бирикмесинде координациялык кеңештин башчысынын орун басары, 2010-жылдан азыркы күнгө чейин “Кыргыз почтасында” текшерүү инспектордук бөлүмүнүн башчысы кызматында иштейт. Үй-бүлөлү, эки баланын атасы.

    Айта кетчү нерсе, Тыныбеков Жунушбек жана Замирбек Ак-Дөбө айылындагы Үсөнай энеден тараган беш балалардан.

    Бүгүнкү күндө Ак-Дөбө айылында 12 түтүн беш бала жашайт.

    ОЙ-БУЛАК АЙЫЛЫНДАГЫ - БЕШБАЛАЛАР БАЯНЫ                       (Мазмунга)

    Тынымсейиттин аялы Супадан үч уул калдуу баласы Калбек, жалдуу баласы Жалбек жана Мортук. Калбек кийин Кабели аталып кетет. Шалтактап жүргөндөн улам, ата-энеси эркелетип Шалтак деп жүрүп, кийин Жалбек-Шалтак атка конот.

    Кабелиден эки уул Токтомуш жана Отор. Кабели малдуу болуп, каза болгондо 2000 дей жылкысы Токтомушка калган экен. Отор болсо аялы Мейизкан үчүн кайын журтуна калмактарга барымтага кармалып, кийин тукумдары калмактын Сүмбө деген жеринде жашап калган.

    Токтомуштун үч аялы болгон. Алар - Дурбук, Үсөнай, Буурчак. Буурчак энеден - Мамат, Дүйшөгул, Маркабай, Сатыке, Сарткозу, Жалгамыш тарайт. Дүйшөгул баатырдан -Айдарбек, Төлөн, Байтүгөл деген уулдар тарайт.

    Айдарбектен - Качыке. Качыкеден - Азар, Мусамолдо. Азар үркүндө каза таап, сөөгү азыркы Түп районундагы Талды-Суу айылынын күн чыгыш жагындагы мүрзөлөр ичинде коюлган. Мусамолдо ажыга барганда каза тапкан. Анын тукумунан кызы Зайракан бакшы чыкты. Зайракан эжеден азыр Узак жээн, үй-бүлөсү менен Турсунбектин маңдайдагы кошунасы болуп жашоодо. Бакшы эже коркпой жалгыз мазарга конуп, ат жетпеген жерге жөө-жалаң кетчү. Колдоочуларым бар мындай чыгып жалгыздаганда, керек учурда алып учат деп калчу. Алдагандай менен көзү өткөнчө кол үзбөй жүрдү. Азардан -Абды, Сакай эже, Абдыракман, Абдылда тараган. Абды ата акыл кебин айтып Алдагандайга караан болуп берди. Кече эле 1957-жылы каза тапты. Бир кызы Шарипакан эже бар эле көзү өткөнчө биз менен катышып жүрдү. Эжеден Бектурган жээн төрөлүп, азыр анын балдары аялы Уруйла апа менен жашап жатышат. Абдыракмандан - Ишебай абанын көзү өтүп кетти. Балдары Жапар, Алтынкүл, Сапар, Капар, Жусуп, Үсөн, Асан, Асанакун, Анара. Энеси Шарапат айылда.

    Абдылда атанын байбичеси арык тукуму.

    Беккулу кызы Сейилкан - «Дейилда» деген экинчи аты бар. Атамкулдан - Калдык, Болчур.

    Абдылдадан - Алдагандай, Асанкул. Абдылда - эмгек армиясына алынып, адегенде Боом капчыгайында жол салышат. Кошо барган айылдаштарынан Үсөнбек жол салганда каза таап, сөөгү Боомдо жатат. Үсөнбектин уулу Калыйнур согуштан Советтер Союзунун Баатыры болуп кайтты. Боомдон алдуурактарын иргеп, андан ары Россиянын согуштук заводдоруна алып кетип, иштетишет. Абдылда сабатсыздыгын өз алдынча китеп окубай эле жоюп алган экен. Куйбышев авиазаводунда, согуштук заводдо иштеп жатам деген кабары менен эки жолу кат келип, кийин каза болду деген кара кагаз келет. Бир топ жылдар бою жазып, сураштырып жатып Абдылданын заводдо диверсия болгондо курман болгону белгилүү болду. Айтылуу Волга-Эдил дайрасынын жээгиндеги карагайлуу түздө сөөгү жатат.

    Алдагандайдан – Жусуп, Анар, Рысбек, Ажар, Гүльнар, Кубанычбек, Турусбек, Турсунбек, Замирбек,Эльмира, Алмаз, Канат.

    Алдагандайдын байбичеси Зейнеп баатыр эне,Балбай баатырдын тукумунан.

    Абдылдаев Рысбек (схемага) медицина илиминин доктору, профессор.Союз мезгилинде Москвада жана башка белгилүү илимий-медициналык борборлордо эмгектенген.Жүздөн ашык илимий эмгектердин ээси. Онкология боюнча эл аралык даражадагы адис. Азыр Америкада, Калифорния штатында айтылуу кремниевый долинада, атактуу америкалык медициналык компаниянын жетекчилигинде эмгектенип жатат. Ондогон жылдардан бери Америка онкологдорунун ассоциациасынын анык мүчөсү. Убагында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басар кызматында, Улуттук онкология борборунун башкы директору болуп эмгектенди.

    Абдылдаев Кубанычбек - Москва полиграфиялык институтун 1981-жылы бүтүрүп, кесибинин мыкты адиси.1988ж. Кыргызстан КП Пржевальск шаардык комитетинде уюштуруу бөлүмүндө инструктор өндүрүш бөлүмүнүн башчысы.Нарын жана Ысык-Көл облустары бирикенде редакция-өндүрүштүк бирикмесинин башкы директору.Ысык-Көл шаардык басмаканасынын директору. Бишкекте Эркин-Тоо басмаканасынын директору, республиканын басма,басмакана жана китеп соода тармагынын жетекчиси. Кыргызполиграфкомбинатынын башкы директору болуп иштеди.КР Маданият министрлигини Ардак грамотасы менен сыйланган.Бир нече обондуу ырлары радиотеледен берилип жүрөт.Азыр ишкер.

    Абдылдаев Турусбек – Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Медицина илиминин доктору, профессор. Илимдин жана медицинанын өлкөбүздүн жана чет мамлекеттердеги кадыр-барктуу адиси. Европа жана Америка онкологдорунун ассоциациасынын анык мүчөсү. Улуттук онкология борборунун химия терапия бөлүмүнүн башчысы. Бир топ илимий эмгектердин ээси жана жаш окумуштулардын устаты.

    Абдылдаев Турсунбек –Транспорт тармагында көп жылдар үзүрлүү эмгектенди. Кыз узатып,уулун үйлөнтүп кадыр-барктуу инсан. Кудургу айыл кеңешинин депутаты, төрагасы болуп иштеди, азыр коррупцияга каршы кызматында эмгектенүүдө.

    Абдылдаев Замирбек –Ташкент политехникалык институтун 1989-ж. бүтүргөн.1989-2000-ж. Ананьево лесхозунда помлесчий.

    Кудургу Айыл өкмөтү болуп 2001-2005-жж. иштеген.

    Азыр Түп райкенешинин депутаты, айыл чарба кооперативинин жетекчиси. Кудургу айыл кеңешинин төрагасы.

    Абдылдаев Алмаз –Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. Ысык-Көл обулусунун айыл чарбасынын оозго алынган адиси. Азыр ишкер.

    Алдагандайдын кыздары - Анар ардактуу эс алууда, жездебиз Сагаалы полковник-пенсияда, уулдары Искендер - тиш догдур, Данияр ишкер. Алар сегиз неберенин чоңата, чоңэнеси.

    Ажар балдарын тарбиялап, айылда чарбанын иштеринде болду. Жездебиз Абдыкадыр экөө 5 балалуу болушту. Эже рак оорусунан каза болду.

    Гульнар медкызматкер, жездебиз Мелис милициянын майору, пенсияда, ардагерлер кеңешин төрагасы. Үч балалуу болушкан. Азыр неберелерин эркелетип, Тоңдо жашашат.

    Кыздардын кенжеси Эльмира колунан баардык нерсе келген тикмечи, оокатына тың, Айжамал, Бегайым эки кызы бар. Анар эжесинин кошунасы болуп ынтымактуу жашап жатышат.

    Абдылда атанын экинчи уулу Асанкулдан-Туратбек, Муратбек, Болотбек, кыздары Жибек жана Светлана.

    Асанкул ава жылкы багып айылда болду. Бир тууган дегенде ичкен ашын жерге койгон, боорукер, абдан намыстуу жан эле. Ал 1964-жылы жол кырсыгынан каза болгон.

    Туратбек 21 жашында кырсыктан каза тапты.

    Муратбек курулушта көп жыл үзүрлүү эмгектенди.Ысык-Көлдөгү көптөгөн курулуштарды курганга катышты. Оорудан көз жумду. Муратбектен - кызы Элеонора, уулдары Дастан, Кылыч, айылда Шактыгул жеңенин кашында.

    Болотбек ишкер, айылда келинчеги Эльмира балдары Сайкал,Талант,Жолдошбек менен Зайнеп жеңебизди бапестеп багууда.

    Кыздары Жибек, Светлана турмуш куруп кетишкен. Азыр алар чоң эне, тайэне.

    Чоң энебиз Сейилкан дагы өмүр өткөнчө ушул кенже уулу Асанкулдун үй-бүлөсү менен болду. Мээримин чачып жетимдерге жетилгенче баш көз болду. Балдарга абдан жакын жан эле. Жаратканга жалынып-жалбарып бала-чакасынын ден соолуугун, өмүрүн тилеп, жалынып жалбарып турган адам эле. Көзү өткөнчө ар дайым кечинде уулу Алдагандайга келип бетинен өөп, Акеш жакшы жат, - деп, эркелетип кетер эле. Эртеси эрте келип, - Акеш, жакшы жатып жай турдуңбу?

    - Балакетиңди алайын, садагасы кетейиндерим жакшы түш көрдүңөрбү? - деп, неберелерин эркелетчү. - Ай, эне, койсоңчу, балдарды уялтпай деген уулуна, - Сен мага азыр деле баласың, - деп, жообун берчү. Пенсиясы келгенде акчасын берип: - Ме, Акеш мына, буга бир нерсе алып кой, дегеничи. Келиндерге адилет мамиле кылып, тарбия-таалимин берди, ушул нерсеси аларга дагы бир топ турмуштук тажрыйба алып келди. Чоң эненин кайсы бир мүнөздөрү азыр аларда да калыптанып, кийинкилерге үлгү. Неберелерине жасаган мамилеси, алардын адам катары тарбияланышына зор таасирин тийгизди. Балдарды сыркоолосо кыргызча эмдеп, ар кандай ырым-жырымды тез жасап жиберер эле. Эч кандай даарысы жок эле, ар нерсени кобурап, айланайын Умай эне, Улукман аке деп эмдеп койчу. Абдан тазалыкты барктачу, келин-кесек азыркыга чейин ал кишинин казанга жапкан нанын, чай бергенин, идиш-аякты таза тутканын тамшануу менен эскеришет.

    Азыркы мезгилибизге ушундай чоң энелердин жетишпей турганын айтпа, кыйчалыш турмушта кыз балдарга алардын акыл-насааты абадай керектиги талашсыз. Мунун өзү биз жетпеген баалуулук, бизден алыстап баратканынан кабар бергенсийт.

    Тилегин тилеп күнүгө,
    Болсун деп аман балдары
    Мээримин төккөн чоң эне,
    Сейилкан аруу жан эле.

    Эх, кайран тиричилик, бизди ары-бери чайпаган! Кечээги турган бүгүн жок, атаңдын көрү дүйнө бок! Кандай адамдар кетти, бул жалгандан! Улам кийинкиси майдаланып, адамдар түккө турбаган байлыкты пир тутуна баштадык. Эң негизгиси сөз баркын жоготуп, аны баккан, кадырлагандар суюлуп барат. Акыр заман ушулбу деген ой да келет?

    Алдыгандай-Алдагандай тууралу баян

    Мен Атамды эми биле баштадым
    Эл ичинде акыл сөзү калганын
    Руху калып болбосо да элеси,
    Бир бөлүгү мени менен жашаарын.
    Бир Кудайга миң мертебе шүгүр дейм
    Болгону үчүн мына ушундай Атакем.

    Бул окуя азыркы Ысык-Көл обулусу, Аксуу районундагы Чолпон айылы жайгашкан конушта болгон. Абдылда атабыз менен Кыдыр акенин тукуму Сейилкан (Дейилда деп да атап калышчу) энебиздин балдары жаш кезинде эле чарчап токтобойт. Арманы тоодой болуп, жаратканга жалбарып тилегени бала. Наристе жытына зар болуп, көздөрү катып турганда, эркек бала төрөлөт. Оозунан келмеси кетпей, анын амандыгын тилеп түлөө кылышат.

    Тууган-туушкандан, коңшу-колоңдон, балага ат энчилеп бергиле деп суранышса, даап бир жан батына албайт. Себеби жөнөкөй эле, балдары токтобогон үй-бүлөөгө, арты кандай болот деп, кара жолтой болгусу жок, бир жандын дагы. Ал замандагы ар бир үй-бүлөнун башынан өткөн нерсе. Ошондо, не бир керемет, же буйрук болдубу Теңирден. Алыстан акбоз атчан көрүнөт, тунжурап айласы тарып турган журтка. Айгайлап, бөркүн булгап атасы чуркайт атчанга. Бери кайрыла кет деп, энеси этегине ымыракайды салып буркурап ыйлап удаа барат. Акбоз атчан тез эле жете келет, экөөнө. Унчукпай, суроолуу карап, тизгин жыят.

    - Айланайын, сени Кудай айдап келди го бизге, батаңды берчи, уулубузга азан чакырып ат койгонго эч ким даай албай турат, -деп чоо-жайын айтышат. Атчан алаканын жайып, Жаратканга кайрылып, мындай деген экен:

    - Оо Кудай, ар бир пенденин тагдыры сенин колунда, бир сен билесиң алды кандай болоорун. Эч ким тагдырын билбейт. Жалгай көр Теңирим! - деп алаканын бетине тартып, аттын башын шарт буруп тез эле көздөн кайым болгондой кетет.

    Экөөнө жете келген эл журт, эмне деди деп жабыла суроо салат:

    - Баардыгы Жараткандын колунда, алды кандай болот, эч ким тагдырды билбейт, - деп жооп узатканын айтышат. Анда Алдыгандай болот тура, бул бекер акбоз атчан эмес деп чурулдашат. Азан чакыртып - Алдыгандай атын наристеге ыроолошуп, бата беришет. Ошондон кийин удаа, дагы бир уул, 3 кыз төрөлөт.

    Укум-тукумдары Кудайга шүгүр, тагдырдын буйругун кара, кийин Алдыгандай киндик каны тамган Чолпон айылында жашап, “Каракол” совхозунун 3-фермасында башкаруучу болуп, эли-жерине кызматы мыкты болуп, сый-урматтын ээси болду.

    Кийин ырымдап, журт көтөрүп Алдыгандайды атка өңөрүп, арабага, өгүзгө болгон жүгүн жүктөп-артып, Абдылданын бир тууганы Сакай эжеси элге кайткыла деп, Чолпондон азыркы Ой-Булак айылынын батышы, Дөң-Булакка көчүрүп келет. Келишсе Дөң-Булакта той болуп жаткан экен. Туугандардын кеңешинде Ой-Булак айылы отурукташканча, эски журт Дөң-Булакта жайгашууну чечишет.

    Абдылда ортонун малына мал кошуп, колхоздун ишине ыктайт. Коллективдештирүү аяктап, эл тоодон ылдыйлап отурукташуу башталганда, Ой-Булакка келип там салышат. Документ жазып бергенде аты Алдагандай деп жазылып калат. Абдылда Үркүндөн кайтканда, Сарыкөл-Михайловка айылында орустарда иштеп, талаачылыкты өздөштүрүп алган эле, эми тамдын тегерегине картошка отургузуп, жаңылык киргизет. Анан кызык тамаша-кызыгып келип карагандарды айтпа. Түнү уурданып, чала сабагын жулуп, чукуп жүргөн коңшусун, сурасаң деле берет элек, андан көрө мына урук, сен да үйрөн деп элге жайылтышат. Абдылда мал чарбасында тынымы жок эмгектенет. Алдагандай атасына жардамдашып малга жакын болуп көп нерсени билгенге жетишти. Тоо арасында кой, жылкы кайтарды. Бир жолу кышында жылкы кайтарып жүрүп, кызык нерсени байкайт. Жылкыга чыгаарда:

    - Кел, бала ысык сорподон ичип алалы, - деген жылкычы майлуу сорподон чоң кеседен удаа ичти, Алдагандай бир жутту, ага алкынган айгыр минип жылкы кайырган кызык эле. Кышкы аяз чыкылдайт.

    - Сен кайтарып тур, мен бир аз чырм этип алайын деген жылкычы, ээр токумун шыпырып, тердигин салынып, ээрди жазданып көрпөчөнү бутуна жаап, бир аздан соң коңурукту кош тартып, таттуу уйкунун кызыгына кирди. Жылкы кайырып келген Алдагандай дарылдап уктаган жылкычыга жакын келип карап оозу ачылды. Мурдунун эки тешигинен чыккан сорпонун майы кычыраган суукта мурутуна жетип тоңо баштаган экен. Эргул аны деле тоготпой дарылдатып, жылкылардын кулагын тикчийтип, илгерки баатырларча дардайып кебелбей жатат. Андан аңчылыкты да өздөштүрүп, чил, кекилик жана башкасына тузак коюп, олжолуу келген күндөр арбын. Атасынын мылтыгына кызыгып, короонун четинде кармалап ар кайсы нерсени бута кылып мээлеп жатып, кокустан бир жерин басып алганда, тарс этип ок атылат. Атылган ок очоктун жанында турган энесинин көйнөгүн тешип, бир кара койго тийди.

    Бул окуя куралга аяр мамиле керектигин далилдеп, экинчи куралды жөнү жок колго албады. Атасы акылы зирек баласына, кандай иш болбосун ыңгайын таап мыкты жасоонун жолдорун көрсөтүп, акыл кошуп, турмуштук тажрыйбасын калыптандырганга жетишти. Атасынын ушул аракети, турмушунда көп жагдайларда туура чечим кабыл алып, жол тапканга далай жардамы тийди. Алдагандай дагы балдарына айтып тим болбостон, уулдарын тарбиялаганда колдонуп, аларды дагы эмгекчил болгонго, жоопкерчиликти сезип кыйынчылыктардан качпай, жеңе билген жөндөмдү калыптандырды. Жумуш жасаганда кошо жасап ыгын айтып, теңтуш катары мамиле кылып тарбиялады. Чоң атасынын кандай адам болгонун, эсинде сакталып калган турмуштук окуяларынан айтып берип, кол кармай албаган, көз көрбөгөн учук жипти уулдарына улады. Кой союп жиликтегенди үйрөтүп, эт бышканда кесип берип жатып,

    - Атам ушул жиликтин этин жакшы көрчү, мага да кесип берип, ээ балам, кийин балалуу болгондо балдарыңа атам ушинтчү деп айтаарсың деп калаар эле.

    Акырындап эл турмушу оңолуп келе жатканда, согуш оту чыкты. Эр азаматтар аскерге чакырылып, андан кийин 30-40 жаштагылар кете баштады. Удаа эле эмгек армиясына калган эркектерди ала башташты. Даяр турасың деген буйрукту Алдагандай дагы алган. Бир күнү Ой -Талдык орус бала экөө аскерге чакырылышты. Орустун атасы эки баланы ат чанага салып, Түп аскер пунктуна жеткирмей болду. Уулунун аскерге алынганын малдагы атасына айттыргыча, убакыт тар кечикпейин деген ат чана кете берди. Артынан атын минип атасы Абдылда чапты. Сары-Булак айлынан Түпкө кайрылган бурулушта, аты чарчап баспай калган Абдылда ата, ат чананы токтотуп, курун мойнуна салып кыбылага карап, эки алаканын сунуп Кудайга жалынды.

    - Оо Кудай, чын Кудай болсоң мени алып, баламды аман кой деп. Уулун акыркы ирет кыса кучактап жыттап, карааны тараганча кышкы суукту тоготпой, тиктеп кала берди. Эмнени ойлоп турду заманасы куруган ата, бир Жараткан, бир Абдылда билер…

    Ай жалган жашоонун арманы - азабы. Ушул болду, ата баланын акыркы бир-бирин элес алганы. Алдагандай Ташкенттеги аба радисти курсуна кетти. Аздан кийин Абдылда ата, эмгек армиясына алынып, Боом капчыгайында жол салышып, согуш кыйындаганда, алдуурактары согуштук курал-жарак чыкчу ишканаларга алына баштаганда, Куйбышев азыркы Самара шаарындагы, авиазаводго туш келет. Кат келип турду аманчылык айткан. Алдагандай 1943-жылы эшелон менен Украинага согуш талаасына кетет. Мына согушка бир саатта киребиз деп турганда, эшелон кайра артка, Ыраакы Чыгышка бет алат. Жолдо токтотуп, бүт офицерлерди солдаттардын алдына чыгарып тизип, атып салышат дагы кайра Ташкентке кайрып жеткенде, курс жоюлуп, даяр турасыңар болуп баардыгын таратышат. Бул тагдырдын, жаш баланын башка жолу бар дегени, Абдылда атанын муңу-зары Жаратканга жеткени го. Кайткан балдар чарбанын ишине кайра киришти. Баардыгы фронт жана Жеңиш үчүн! Кыбыраган жандын баары иште. Жадагалса карындашы Бүбүмария - кызбала, өгүз минип, мал айдап, Балыкчыга дейре барып келди. Түптүн заготскотунан жөө кой айдаган. Алдагандай жолдоштору менен Фрунзе эт комбинатына 3 ай дегенде зорго жетишти. Аталаш иниси Абдракмандын уулу Ишебайды эжеси кошуп берди, Абдракмандын кабарын биле келсин деп. Абдракман анда Молдовановкада абакта тура. Жол азабын айтпа балдар азып-тозуп, далай мээнет чырмады. Баарынын ишенгени Алдагандай. Алдаш дешип урмат-ишеним артышат. Мал айдагандардын чоңу, жолдо карай тамак-ашка шылтоолоп бир топ малды ысыраптап жиберди. Же жыргатып балдардын курсагын кампайтпайт, баардыгына анан болот, дегени деген.

    Бул жосунсуз жоругу бизге залакасы тийбесе экен деп балдар жүрөкзаада. Алдаш, бул кантет, бизге кийин сурак-сокпуту болсо эмне кылабыз. Алдаш бир акыл айтат балдарга - баардыгын эстеп алалы да кагазга жазып коёлу деп. Ошондон баардыгын эстеп жазып отурушат. Акыры сапар карып мал айдагандар азыркы Төкөлдөш айылынын четине жетип токтошот. Ишебайдын атасы Абдракманга куру кол кантип барабыз? Тээ айылдан берген оокат жок. Айласы куруган балдар - эмгек акыбыз бир койго арзыбайбы, башка арга жок, кудай кечирсин бизди дешип, акылга келишет.

    Бирок кантип койду алышат, айласы кетишет. Жалдырап, Алдаш кантебиз эми дегенде, ойлонуп олтуруп бир ой келет. Жолдошторуна малды айдаганда бир баланын шымын аласынан айрып жиберели. Шымын жамап алсын дегенде, бир койду бутун бууп чуңкур жерге таштап, үстүнө чөп-чар жаап белгилеп кетсин, калганыбыз мал тапшырганы баралы деп, оюн айтат. Төкөлдөштөн бир там таап, койду союп, акысына эт-ашынан берип, калганын бышырып алып бара турган болушат. Жолдо ач-жылаңач келген балдардын эмгек акысына, бул бир кой татый турган деле эмес. Болгону жолдошунун атасына кантип куру кол барабыз деген ойлору эле. Айткандай болуп маселе чечилет, малдарды тапшырып, түндө жарык күйгөн үйдөн балдар чогуу табышат. Азыган балдар бир кемпирдин кепесинде шам-шум этип, сорпосуна курсак кайнатып, эртеси Молдовановкага барышат. Сураштырса Абдракман каза болуп калган экен эчак эле. Алпарган тамагын ошол жерде чогуу отургандарга беришет дагы куран окуп беришин суранышып, бата кылышат.

    Ишебай капа болбосун деп атасын башка жакка которуп жиберди кылышат.

    Мал тапшырганда бир топ баш жетпей эртеси келип сурак беришкенде, балдар болгонун айтып жазган кагаздарын беришет. Баардыгын текшергиче балдар убактылуу камакта олтурушат. Дареги боюнча текшерип такталганда камактан бошотушат.

    Же жатар жери жок, кетели дешсе жол киреси жок, балдар томсоруп олтуруп калышат. Алдаш эми эмне кылабыз, ушинтип ачкадан жок болобузбу талаада деп айласы кетишет. Тургула, жатып жок болгуча бирөөнүн жумушун жасасак дагы акча таап айылга кайтабыз деп, жолдошторун ээрчитип шаар аралашат. Ар кимден жумуш сурап олтурушуп, бир кезде пиво саткан жайга туш болушат. Бир чети тыныгып, бир чети кезекте туруп ызы-чуу болгон элге кызыгып туруп калышат. Бир кезде жолдошторуна Алдаш минтет:

    - Кана тургула жумуш табылды. - Пивокорлордун сөгүнүп-сагынып, кээде кызыл чеке болуп мушташа кеткенине алаксыган балдар:

    - Эмне жумуш, Алдаш? - дешет.

    - Жумушубуз пиво сатабыз, кана, кезеке туралы! - дегени.

    Алдашты карап:

    - Ой сен бозо да иччү эмес элең, эмне болду? - деп суроолу карашат.

    - Оозуңарды ачпай бери келгиле тезирээк. - Алдаштын сөзү ого бетер алардын оозун ачырды. - Бери келгиле, тургула кезекте, мен азыр келем деп шарт бурулуп ары басат. Бат эле ошол жердеги тамдын арасынан бир чоң чака менен келип калды. – Мына, бир чака пивого жетээр акчабыз бар экен. Силер бош кружкаларды тез чогулта бергиле, анан суусап тургандарга пиво сатабыз. Ошентип, улам чакага куюшуп кайра кружкалап сатып эки-үч күн пиво сатышат.

    Балдардын чоо-жайын уккан сатуучу, боору ачып кезектегилерди какус-кукус кылып, балдарга кол тийгизбеди. Тапкан акчалары жол киреден да артты. Кендирди кескен таңкыстык, согуштун залакасы бир жагынан, кийээрге да кийим жок. Арткан акчага жайма базардан жетишинче кийим-кече, плитка чай алып, мүшөккө салып жолго чыгышты.

    Жүк тарткан машинеге түшүп Рыбачыга жол тартышты. Быстровка айылына келип токтогон айдоочу, тыныгып алганга жарыя кылды, суусагандар жарма чай жутуп алгыла деп. Ысыкта чаңкаган балдар, бозо-жарма саткан жерден суусундук жуталы, сен мүшөктү кайтарып тур деп Ишебайга тапшырышты. Суусундук ичкени кезекке туруп калышканда, энтигип Ишебай жете барды. Жанымдагы киши сен барып кел мен карап турам дептир.-Ай ата, алдырган турбайбызбы -деп чуркап келишсе, карап турам эмес, базардан алган оокаттары кошо жок. Бозоруп туруп калган балдар Ишебайды же сабаарын билбей жекире тиктеп тим болушту. Оозунан жулдургандай болуп унчукпай, акыры Балыкчыга жете келишти. Көлгө жетсе үйгө келгендей маанайлары жазыла, ар кайсы кепке киришти. Эмки жол кеме менен Байсоорунга чейин жетип алышса, ар жагы жаш балдарга оюн салып жетээр жер эле. Балдар кеме токтоочу пристанга барып, токтоп турган кемелерге кызыга карап сонуркашты. Жокчулук заман жегенге тамак тартыш. Жээкте бир аялдан биртике майга бышкан майтокоч алып жешет. Алдагандайдын акчасын байкап калган ууру-кескилер чогулуп келип акчасын тартып алганга кол салышат. Алыша кеткен Алдагандай үчөөсүн көлгө ыргытат. Байсоорунга барчу кеме жыла баштаганын байкап калып чуркап жеткиче кеме жээктен эки метрче узай берген экен. Жолдоштору чочуп токтоп калганда секиргиле деген Алдаш чуркап барып секирип палубага түштү. Аны туурап калгандары да жете секиришти. Ушул окуя балдардын турмуштагы чоң эрдик кылган шерлердин ишиндей ооздон түшпөгөн, сыймык менен эскерип айтып калышар эле.

    Толкун жиреген кеменин кызыгына батып жолоочулар Байсоорунга кандай жеткенин байкабай да калышты. Кеч болгондуктан арасындагы балдардын Байсоорундагы эжесиникине конуп калышты. Атаны кокуй, айланайындар ай, такыр жүдөгөн турбайсыңарбы деген аял, колундагы чайын берип, эртеси узатаарда бир тууганына Алдашты карап бир нерсени кулагына шыбырады. Жолго чыккан балдар ар кайсыны айтып айылды беттей келе беришти. Бир гана алиги жолдошу сыр билгизбей унчукпайт. Алдаш дагы көңүл бурбады. Жөө алаңдап кечинде айылга кирип келишти. Балдар ар кайсы жакка тарай баштады. Алиги жолдошу:

    - Алдаш бир азга тура турчу, мен үйдөгүлөргө айтып, сени менен чогуу барып энеңе сүйүнчү айтайын дегенде да эч нерседен шек албады. - Ыракмат, сени деле сагынышкандыр, мен бара берейинчи, - деп баса берди. Батынып унчуга албай, же тагдырдын кайгылуу кабарын угуза албай, чогуу барсам болот эле деген болду жолдошу. Үйүнө жете келген Алдагандай короого кирип, жарыктын шооласын байкап жакындап барды. Терезеден карап башына кара жоолук салып, жүктү карап бир нерсе жасап олтурган энесин байкап, токтоно албай айнекти каккылап жиберди. Жалт караган энеси, жол карап күткөн уулунун келгенин сездиби бөбөктөрүн ойготуп, тургула абаңар келди дегенче, Алдагандай кирип келди.

    -Абакебай, атам каза болду, - деп, улуураак карындашы мойнуна асыла ыйлап жиберди. Заматта дүйнө асты-үстү болгондой теңселе түштү, тамыры чорт кертилген дарак сымал.

    Алдагандай мал айдап кеткенде атасынын кайтыш болгону тууралу кара кагаз келген экен. Бир аздан соң бул кабарды батынып айта албаган жолдошу, актангансып өкүрүп кирип келди, бир топ адамдар менен. Алдагандай нес боло, ишене албай бир топко тунжурады. Акыркы жолу атасы курун мойнуна салып Кудайга зар какшап турган элесин көз алдынан өткөрүп, жашка муунуп, башына келген оор кайгы, мүшкүлдү көтөрбөскө айла жоктугун туйду. Чыйралгандан башка арга калбаганына бел байлады. Ата жолун улап кетер жоопкерчилик келгенин, мындан ары атасыз турмуш, качандыр бир өзү ата болчу жолдо турду.

    Жол-жосунун кылып, эне бала турмуш арабасын тарта башташты. Алдагандайдын оюнда окусам, бир кесипке ээ болсом деген ой турат. Какаганга муштаган болуп, энеси ооруга чалдыгып төшөктө. Үй оокатына карындаштары жарай албайт. Куураган куу турмуштун заарынан энесинин ордуна кир жууп, камыр жууруп, нан, тамак жасап да калды. Согуш бир жактан кыйнаса, жокчулук, ар кыл оору дагы бир капталдан качырат элди. Айыл ичинде күндө ый, кайгы. Адегенде уялып, жолдошторум эмне дейт деп, жашырып жасайт үй оокатын. Эч нерсе болбогондой чыйралды. Сезимтал жаны жай бербей белгисиз күч алга, илгери үмүткө сүйрөйт. Мектепте эң жакшы окуучу, эми тилегин берип айылдан 15 чакырымдай жердеги айыл-чарба техникумуна окууга алынды. Барып келип окуганга туура келди. Нан жаап, отун суусун даярдайт. Бөбөктөрүнө энесин табыштап, кайра окуусуна кетет. Жол караган бөбөктөрү дем алыш күндөрү караанын көргөндө алдын тосуп чуркап келишет, абаке бизге нан берчилеп. Ортодо энесин, уккан жердеги эмчи-домчуга аркасына көтөрүп барып каратып жүрүп, эптеп энеси туруп кетти.

    Бир жылдай окуп калганда дагы кырсык басты. Эл турмушу начарлады, ачкачылык каптады деген маанайдагы нааразычылык катты улуу жолбашчы Сталинге кабарлашат. Чагымчыл көрө албастар каттын ээси Алдагандай дешет. Органдын кызматкерлери келип Караколго алпарып камашат. Сыз, жата алгыс жайда кармашат. Ошондогу тарткан ыза, кордук-кыйноо азабы ай! Эшиктин кашегинен башка жыгач жок, цемент камера. Даарат ушатканга темир чака. Жарым жыл камакта отурду. Окуу дептерлерин бүт жыйып келип Алматыга экспертизага жиберишкен экен. Экспертизадан кат жазган башка адам деген тыянак келип, актаганга аргасыз болушат. Айылдан кат жеткирип келген почточу Садыбакас экендиги билинди. Бирок, негедир беттештиргенге алып келе алышпады. Узун бойлуу, кең далы, күч десе күчү бар Алдагандайда. Айыл арасында улак тартышта, күрөштө такай мөрөй бербей, бир топ ичи тар эрлердин намысына тийген экен. Колтукка суу бүрккөн арамзанын шыкагына алдырып, алдары келбегенде Сталинге кат учурткан. Ак ийилип, бирок сынган жок. Ушул жарым жыл суук менен сыз кедергисин тийгизип, буттары оорукчан болду. Бирок Алдагандай мында дагы бийиктигин далилдеп, алга умтулуусун улантты. Техникумдун директоруна кайрылып актыгын далилдеген кагаздарын сунду. Ак турбайсынбы азаматым, ишенем сага, окууңду улантканга уруксаат дегени канча дем бергенин ушундан бил. Алдагандай жетишмек турсун жалаң эң жакшы баалар менен окуусун ийгиликтүү аяктап, кызыл дипломдун ээси болду. Эң жакшы окуган окуучуну ошол техникумга окутуучу жана окуу-өндүрүш чарбасына зоотехник кылып бекитишти.

    Жетилген жетим чарбада да мыкты экенин далилдеп оозго алынды. Жеке турмушунда да өзгөрүш болду. Кошуна айыл Күрмөнтүдөн өмүрлүк жары Зейнепти тапты. Атына заты жарашып мыкты келинчек болду. Абды чоң атанын бир уюн алып ак сакалдар менен алдына барышты. Эки айдан кийин совхозтехникумга көчүштү. Зейнеп оокатка тың, кайын энеге кызындай жакын, жарына акыл кошкон жан чыкты. Алдагандай үчүн улап, балканактай уул табышып, Жусуп деп ат ыроолошту.

    Бир аздан соң Алдагандайды Оргочорго, чоң кой чарбасына адис керек, деп көтөрүштү. Кокуй-Көл деген шарты татаал жерде туруп калышты. Бирде тоодо, бирде жакада жумуштун ыгы. Жуукунун суусун кечип, малчылардан келе жатып жолдон топ карышкырга туш болду. Качып кутулганга болбостугун байкап, атынын ээр тоокумун шыпырып коё берди. Мындай ыкманы малчылар кулагына куйган. Ат жаныбар адамдарды караан тутуп карышкырга жеткирбей сууну кечип качып келерин айтышкан. Бир таштын үстүнө үзөнгүнү чечип чыгып кетти. Аты жандалбастап сууну кечип кутулду. Карышкырлар ташты тегеренип секирип алып түшкөнгө аракеттеништи. Үзөнгү менен чаап жеткирбей кармашты. Кеч кирип баратканда суунун аркы жээгинен малчылар келип мылтык атып куткарып калышты. Жаштык, курчтугу менен көп чочулабай барып иштей берди. Катаал шартта балага суук тийип, же карап берер догдур жок, эки күндөн кийин эмчек эмбей чарчап калды. Сай-сөөгү сыздаган ата-эне тунгучун Кокуй-Көл деген жерге жашырып томсоруп кала берди. Эненин көзүнө күндө босогодо турган жылаңач баласы көрүнчү болду, барып кармайын десе колго илинбейт. Кайра караса турганы-турган. Кемпир-кесектерге айтса:

    - Аа айланайын, ыраазычылык сурап жаткан турбайбы эне сүтүнө. - Баланын кийип жүргөн көйнөгүн төшүңө таңып ал, элеси жок болгуча, - деп, ырым-жырымын кылышат. Чын эле бир аздан соң баланын элеси келбей калат. Кайгы курчаган ата-эне айылга кайтууну чечишет.

    Алдагандай райондук айыл чарба бөлүмүнө, башкы зоотехник болуп ишке киришет. Арадан убакыт өтүп кызы Анар төрөлөт. Ой-Булактан кар кечип, айланайын Кудай аман кой, - деп чоң энеси жөө келди. Анар каз-каз басып, кайгы-капа акырындан унутула баштады.

    Бул кызматы тынчы жок болду. Райондун чарбаларына мал дарылаганга жиберет. Эптеп чарбага жетсе, мингенге ат бериш пейт, жок деп. Жөө-жалаң барат дары-дармегин алып, малды дарылайт, малчылар менен сырдашып ар нерсени эске тутуп, ишине колдонот. Ушинтип жүрүп бир чети тажрыйба жыйнады. Бир чети оозго алынып кадыр-баркы жогорулады. Ортодо келинчеги Зейнеп уул төрөп, ырыстуу болсун деп, атын Ырысбек коюшат. Ал бала чагында көп ооруду, дизентерия болуп ичинен кан өтүп. Алдагандай чогуу ооруканага жатты. Баласын карап олтуруп зээни кейийт: арык, араң эле калчылдап басат. Бир жолу суу жылытып, шашпай алы жок баланы самындап киринтти, таза кийимин кийгизип жаткырып, карап олтурса уктады. Эшикке чыгып кайра келсе, боргулданып тердеген, акырын кургактаса, ойгонуп, тамак ичким келип атат, - деп аз-аздан тамак иче баштайт, байкап турса, ичи өтпөйт. Ошол бойдон айыгып кетет.

    Кийин Ырысбек догдурлук кесипти тандап, мыкты адис, окумуштуу даражага жетти. Алдагандай айылда энеси, бир туугандары менен ынтымактуу турушту. Жетим жетилип, ач тоюнган мезгил да келди. Кемтиги толуп, баштагы кайгы-жокчулук унутула берди. Айыл ичинде тууганга ынак, боор тартып, колдон келгенин аянбай жүрүштү. Эски журттагы тамын Абды атага балачакасына кенен болсун деп беришип, маңдай жагына там салышты. Бирок, эски журт эстен чыкпайт. Бир чети өзгөчө абройлуу чоң мама атка конгон көп сүйлөбөгөн, Абды атанын кемпири Мээрман эненин балдарга аяр мамилеси, ынтымакты ого бетер бекемдеди. Жаш балдар чоң маманын тегерегинен чыкпай, колунан ар дайым балдарга даяр турчу каймака аралашкан талканын талашып жешчү. Эх, тамшандырган, эстен чыккыс даамын айтпа, балдарга айтып берген кызыктуу уламыштары, көз алдыга каармандары тартылган жомоктору аркылуу тарбиясы зор болду. Чоң маманын чукугандай тапкан ширин, таамай айтылган сөздөрү, азыр да укум-тукумдардын эсинде жылт этет. Бейиши болгур, арбагы ыраазы болсун! Элибизди чоң мамалардай энелердин батасы кандайдыр бир жакшылыкты уютуп тургандай.

    Ал ортодо убакыт дагы учту. Алдагандайдын эмгеги бааланып Күрмөнтүгө башкы зоотехник болуп дайындалды. Ишин ийгилик коштоп, кайын журтта оозго алынып, Ажар аттуу кыз табышты. Азар атага аты уйкаш деп, чоң энеси тергеп чакырар эле -Батыйзалап.

    Турмуш өз нугунда очор-бачар болуп, иштесе ишке тойбос кез келди. Күн-түн тыным жок: “Эл турмушу оңолсо, бизге да эл ичинде жеңил болот айланайын, мээнет кайтат, жашсың, талыкпай эмгектене бер, эл оозуна да илиндиң. Жетим жетилет, үзүк уланат, кудайга шүгүр үчүн жайылып жатат, бир туугандарың ыраазы сага” - деп, жалынып-жалбарган энеси Жараткандан уулунун амандыгын тилейт. Кайын журтка дагы кадырлуу болду, аларды ата-энесиндей урматтаган мамилеси менен. Ал гана эмес башынан далай нерсе өткөн жаны, оокаты начар, жетим-жесир, багар-коёру жокторго, колунан келгенин аябай көп жакшылыгы тийди. Муктаж болуп кайрылган адамдарды томсортуп жибербей, жардамын болушунча берди. Иштерман, мыкты уюштургуч жетекчи катары, район, облустагы адистердин баасына алынды.

    Ошентип, 1955-жылы чарбасы начар «Үлгү» колхозуна башкарма кылып жиберишти. Чарбаны канткенде ондойм деп, түн уйкудан калып, тынчы жок мезгилди башынан кечирди. Биринчи апийим өстүргөндү өздөштүрдү. Айылда бир алма-бак болбоптур, өрүк өскөн жерге алма дагы өсөт деп, биринчи алма багын тигишти. Ошондогу эмгеги эмдигиче элдин оозунда. Бала-чакасын көргөн жерде, атасын жакшы эскеришип айтышат. Алдагандай салдырган жол, сарайлар, тиктирген алма-бактар эмдигиче турат эл кызматында. Чын дилинен кылган кызмат жемишин берип чарба дагы бутуна турду. Колхозчулар эмгек күнгө деп чектелген дан, акчалай эмгек акы алып, кадыресе тыңгылыктуу оокат кылышып, үй шарттары оңолуп, бардар адамдар чарбада пайда болду. Анар менен Ырысбек мектепке барышты. Тепкеде жогорку класс жок, Анарды Т. Сатылганов мектеп-интернатына беришти. Ырысбек 6-класска дейре окуду. Алдагандай элдин батасы себеп болдубу, башына баш кошулуп Гульнар деген кыздуу, Кубанычбек аттуу уулдуу болду. 1958-жылы чарбаларды ирилештиргенде «Үлгү» колхозу «Каракол» асыл-тукум чарбасына кошулуп, Алдагандай 4-фермасына башкаруучу болуп, 1963-жылдын башына чейин эмгектенди. Ошол кезде Турусбек жана Турсунбек атуу уулдары төрөлөт.

    Эмгекчилдигин, жаштыгын, уюштургуч сапатын баалап, тоо арасындагы жер шарты катаалыраак «Жылуу- Булак» колхозуна башкармалыка бекитилди. Чоң-Таш айылына үй-булөөсүн кошо ала кетти. Айылдын аты тоо түбүндөгү турган зор таштан улам аталып калган дешет. Ошол таштын түбүндө бир түп өрүк турат ташка жолдош болуп. Жаш балдар ташка чыгып таш мыязынан жеп, өрүк бышканда андан талашып жеп, кызыкка батышат. Түп районунун бул жагы кышкысын аркыраган бороон, жолду жаап каттамды кескен кардын калыңдыгы ат жирегис. Колхоз чын эле шарты начар, мал сарай деген түшүнүк жок, электр жарыгы, байланыш жете элек. Элдин турмушу начар бир кылка, медициналык пункт, мектеп жетишсиз. Колдон келген жардамды аябайбыз деген район жетекчилери жаш башкармадан ушундай оор шартта, сыйкырчынын таягы бардай тез өзгөрүүлөрдү күткөнсүшөт. Арга жок шымаланып ишке киришти, күн-түн тыным жок, түйшүк буттан чырмайт. Ал караңгыда керосин лампанын жарыгында колхозчулар менен ар-бир иштин жолун талкуулашат. Аксакалдарды чогултуп кеңешке салат. Адистерден берген тапшырмасын тактап, кемчилигин айтып тим болбой, кандай ыгы барын чогуу жасап көрсөтөт.

    Чоң-Ташта болгону 4-класска чейинки мектеп экен. Ырысбек кошуна Жылуу-Булак айылынан 8-класска дейре окуду. Мектепке 30-40тай бала чогуу барышат. Кышкысын жол жок, кезек менен чоң балдар карды жиреп жол салып, майдалары ээрчишет. Улам жолдогу чийди күйгүзүп, жылынып жолун улашат. Эртеңкиге дагы жетсин деп көп күйгүзбөй үнөмдөшөт. Акыры колхозчулар, эл, талыкпаган башкарманын эмгекчилдигине, тактыгына, ак ниетине баа бере баштап, иш илгериледи. Район, облус, керек болсо Фрунзеге чейин чапкылап, тиешелүү мекемелерде маселени чечип жатып, бышкан кыштан мал сарайлар, кампа, техникаларга гараж курулду. Электр жарыгы жана байланыш чарбага алынып келди. Мектептер, медпункттар салынды, суу түтүктөрү орнотулду. Башка жактарга барып окуган окуучулар өз айылдарында билим алганга шарт ачылып, Ырысбек 8-классты Чоң-Ташта окуду. 9-классты Талды-Сууга моторлуу велосипед менен Кыдырган деген бала экөө барып окуп, аягын Күрмөнтүгө которулуп таякесинин үйүнө жатып окуду. Математикадан берген агайы:

    - Мен силерди даярдайм деп жадыбалсыз тамыр чыгарганды үйрөтөт. Чоң-Ташта он жылдык ачылып кайра барат. Ал мектепке жалаң институту бүткөн жаш мугалимдер келишет. Математиканы бул кызык эмес деп, высший математикадан окута калышат. Ошентип, Ырысбек мектепти кызыл аттестат менен аяктады. Бирок алтын медалга заявка убагында берилбей калып, мединститутка окууга барганда, сенин алтын медалың кайда деп, документин араң алышат. Экзамендерди жакшы тапшырып, бирок башкарманын баласы деп, жатакана бербей, стипендияны да ошол шылтоо менен чегеришпейт. Сабакты эң жакшы окугандыктан акыры стипендияга да жетет.

    Атасы болсо жалаң иште, колхозго зарыл болгон адистердин шартын чечип чарбага тартууга жетишти. Адистерге, муктаж колхозчуларга жаңы үйлөр салынды. Ушундай уюштуруу иштери натыйжасын берип, колхоздун экономикалык абалы оңолуп, алдыңкы чарбалар менен ат салышууга дарамети жетти. Райондогу алдыңкы ири чарбага айланып башкарманын эмгеги «Ардак белгиси» ордени менен бааланды. Социалисттик мелдештин такай жеңүүчүсү катары бир топ баалуу сыйлыктарга арзыды. Алты жылдан ашык бул колхоздо ийгиликтүү эмгектенди. Үй-бүлөсүндө ушул жылдары уулу Замирбек, кызы Эльмира, уулу Алмаз төрөлүштү. Азыр дагы Чоң-Таш айылында Алдагандай тууралу абдан жылуу маанайдагы эскерүүлөр жашап жатат. Бир мисал ЦК нын 1чи катчысы Т.Усубалиев келет:

    - Былтыр бул жерден 70 центнерден алдың эле быйыл канча аласың? - деп сурайт.

    Ага Алдагандай өз оюн айтат.

    - Эмнеге комбайндар токтоп турат? – дегенде:

    - Ным болуп жатат, түнкүсүн чабабыз, - деп жообун берсе, түнкү саат 23төн 15 мүнөт өткөндө ал кайра келип көрүп, иштин жыйынтыгына ыраазы болот Алдагандай ата каза болгондо Чоң-Таш айылынын атынан дешип жылкысын алып, зыйнатына жоон топ адамдар келишти. Балдары барып калышса сыйламайын кетиришпейт. Айыл өкмөтүндө ардактап эстелик бурчун ачып коюшкан. Алдагандайдын олтурган столун эмдигиче сактап келишет. Курдурган сарай, кампа, мектеп, башка имараттарын азыркыга дейре пайдаланышууда. Жылуу-Булакта иштеп турганда атактуу композитор Дмитрий Шостакович, Жогорку Кенештин төрагасы Кулатов келип, аларды айтылуу Каркырада коноктоп достошот. Шостакович кат жазып Ленинградга кел деп дайым чакырып турду.

    1969-жылы Алдагандайды кайрадан мамлекеттик асыл тукум мал өстүрүүчү чарба «Каракол» совхозуна (36 миңден ашык кой, 10-миңдеген уй, жылкысы жана талаачылыгы бар) 3-фермасына башкаруучу кылып жиберишет. Бул жерде мамлекеттик заказ жүн, эт, сүт, картошка, буудай, арпа, тоютуна сенаж, кызылча, жем, техниканын түрүн тейлеп андан сыткары чарбанын эмгекчилеринин турмушуна жоопкерчиликти камсыздоо керек болду. Чарбалык иште мол тажрыйбасы бул жерде да натыйжасын жакшы берди. Бүткүл союздук мелдештин өтмө Кызыл Туусун катары менен алып, баалуу сыйлыктарга арзыды. Эмгектеги мыкты жетишкендиги үчүн «Эмгек Кызыл Туу» орденинин, бир катар медалдардын ээси болду. Канат деген уулдуу болушту. Чарба ири көрсөткүчтөргө жетишип, СССР Эл Чарба көргөзмөсүнүн сыйлыгын алды жана кошумча УАЗ-469 автомашинасы берилди. Алдагандайга Социалистик Эмгектин Баатыры наамын берүү маселеси каралып жатканда, кырсык болуп кетти. Чарбага берилген жаңы жүк ташыгыч автомашина Газ 53 менен жайлоого козу бөлгөнгө окуучуларды алып барган зоотехник, жоопкерчиликти унутуп, жолдо баардыгы арак ичишет. Кайтып келе жатканда рулга ээ боло алышпай машина аварияга кабылып, жаш балдар каза болот. Алдагандай бир күн мурда эмгектик эс алууга чыгып, дарыланууга Байрам Алиге жолдомо менен кетмек эле. Кырсык болгонун угуп токтойт. Иштин чоо-жайын карап, жоопкерчиликтен сыртта турбастыгын айтат. Район, областтык жетекчилер анын түз күнөөсү жоктугун белгилешет. Балдары каза болгон адамдар кээ бир шыкакчылардын сөзүнө кирип каралоо жагына барышат. Жоопкерчиликтен качпастыгын айткан Алдагандай арыз жазып кызматтан кетээрин билдирет. ЦКдагы туугандары киришип, Алдагандайды соттоо маселеси көтөрүлөт. Кызык жагдай, жаңы автомашинаны каттоодон өткөзбөстөн мамлекеттик номери жок чарбага пайдаланууга жол берген завгар бир медалы үчүн жоопкерчиликтен кутулуп, совхоздун директору да четте калат. Айыл чарбасына сиңген эмгеги бааланбай, Алдагандай жоопко тартылат. Басым күч болгон сот чечиминин негизинде Алдагандай жаш кезинде кабылган камакка кайра кабылып, кесилип кетет. Этапталып Молдовановка, Караколдун түрмөлөрүнө барат. Үй-бүлөсү кайра Ой-Булакка көчүп келишет. Баатыр эне, өмүрлүк жары Зейнеп акыйкат издеп Москвага дейре барып, биринчи аял-космонавт В.Терешковага, Генералдык Прокуратурага кайрылат. Акыры ишти союздук органдар изилдеп, СССР Жогорку Сотунун коллегиясында Алдагандайдын актыгы далилденип, бардык бузулган укуктары калыбына келтирилсин, партияга мүчөлүгү менен кошо деген чечими чыгып, абактан бошотулат. Адилетсиздиктен коргой албаган партиянын катарында болууну каалабастыгын, эл ичинде ак кызматын улантууну чечкенин айтып жооп берет. Айылга келип «Фрунзе» колхозунда зоотехник болуп ардактуу эс алууга чыкканча эмгектенет. Жыйнаган мол тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп кетти. Азыр ал адамдар мыкты киши эле деп эскерип калышат. Тагдырдын эч ким биле албаган жолу таң калтырат. Кийин ошол ЦКдагы жооптуу кызматкер жазасын алды. Кийин айыкпас дарт чырмап, аны врач-онколог уулу дарылады. Жакын адамдары бардык тагдыр Жараткандын колунда экенине, эч нерсе бул жалганда жоопсуз калбасына ынангандай болду. “Фрунзе” колхозуна өтөгөн эмгеги бааланып, бир топ сый-урматка ээ. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен «Даңк» медалына татыктуу болду. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия чектелди. Көл боюндагы, айылдын жаш-карысы бирдей сыйлаган ак сакал катары урмат-сыйда жүрдү. Кыргыз Эл жазуучусу Касымаалы Жантөшев менен өмүрүнүн акырына чейин жакын мамиледе эле. Фрунзеге барганда кой союп, кымызын алып, жазуучу аттуунун башын кошуп, короодогу беседкасында кызык кепти айтып, баарын ыраазы кылаар эле. Советтер Союзунун Батыры Калыйнур Үсөнбеков бала кезден дос болуп, беш балдардын бозосун мактап, эл-журт бекер уламыш кылып кеп кылбаса керек, беш баланын бозосунун тобуна келип тоголон, жытына келип жыгыл, - деп ичээр эле.

    Алдагандайдын небере-чөбөрөлөрү

    Таң бере турган нерсе, Алдагандай ата, неберелери курсакта экенде эле ким тууларын уул-келиндерине айтчу.

    Теңирден тилеп, ырымдап неберелерине койгон аттары - Бакыт, Таалай, Бектур, Аман, Эсен.

    Рысбектен - Бакыт, кызы Эллина; Кубанычбектен - Таалай, Тилек, небереси Мырзасейит, Амир, Турусбектен - Бектур, Алинур, Турсунбектен - Аман, кыздары Айзада жана Мээрим;

    Замирбектен - Айдос, кыздары Айжан, Бегай жана Айдай; Алмаздан - Эсен, Даян, кыздары Айдана, Алина, Уулжан.

    Биз билбеген, туйбаган, Жараткан бир Кудай билген, колго кармалбаган, тээ качанкы ата-бабалар менен болгон байланыш бизден ар дайым кабар алып, аян берип сактап, коргоп келет баарыбызды. Жашоонун сыры ушундай го!

    Алдагандай уулу Кубанычбек. Бишкек.2013-ж.

    СОВЕТ ӨКМӨТҮНҮН КЫЗМАТЫНДА – ОМОРОВ ЖУНУШ                       (Мазмунга)

    Атабыз Оморов Жунуш 1910-жылы март айында Көк-Сай айылында төрөлүп, 6 класс билими болгон. Тоң районунда ар кандай комсомолдук жумуштарда иштеп, өз алдынча окуган. 1929-30-жылдары Фрунзеден юридикалык курста 6 ай окуйт. 1938-39-жылдары “контр” деп жалган жалаа жабылып, Жумгал районунда милициянын начальниги болуп турганда камалган. Кыйнашып, бутун сындырып, ак кагазга кол кой деп, уруп сабашкан. Бирок бактысына жараша, кайра акталып чыгып, Жумгал районунда ар кандай жумуштарды иштеп жүрдү. 1948-жылы Көк-Сайда жашап, кийин Балыкчы шаарына көчүп келип жашап калды. 1961-жылы ноябрь айында ооруп, инвалид болуп, 25 жыл өзүн-өзү дарылап, оору менен кармашкан (гипертоник оорусу).

    1989-жылы 17-июнда оорунун айынан каза болуп, сөөгү Балыкчы көрүстөнүнө апабыздын жанына коюлган. Каза болгонго чейин ден соолугун оңдоо үчүн 15 жылдай Балгарт суусунун боюнда, жылуу суу булагына, Кара-Саз жайлоосуна жылыга 2-3 айдан эс алып турчу (ал жакка боз үй менен биз балдары көчүрүп турдук). Бир жылдары Кара-Саз жайлоосунда “Ооруктам” фермасындагы Жаманак, Абышка ж.б. туугандарын таап, алар менен чогуу болгон.

    Атабыз чоң окууну бүтпөсө да билимдүү, тубаса ишмер, акылдуу, таза жүргөн, санжыраны жакшы билген касиеттүү адам болгон. Туугандары дайыма андан кеңеш сурап турчу. Атабыздын 7 эркек, 5 кызы жана 43 небереси, 40 чөбөрөсү бар.

    Энебиз Оморова Айша 1917-жылы Жети-Өгүз районундагы Желе-Дөбө айылында төрөлүп, 7 класс билими болгон. Ал Чаекте 1935-39-жылдары башталгыч мектепте мугалим жана бала бакчада жетекчи болуп эмгектенген. Балыкчы шаарына көчүп келгенден кийин дагы бала бакчада жана общепитте иштеп турду. Кийинирээк көп балалуу болгонуна байланыштуу үйдө болду. Энебиз “Баатыр эне” медалынын ээси. 1989-жылы 15-январда ооруп жүрүп каза болуп, сөөгү Балыкчы көрүстөнүнө коюлган. Ушул тапта 6 эркек баласы, бир кенже кызы бар.

    Атабыздын 3 иниси болгон: Бакиров Байгазы – 1919-жылы төрөлүп, 84 жашка чыгып, көз жумган. Анын 7 эркек, 2 кызы бар. Экинчи иниси Бакиров Дүйшеке 1921-жылы туулган. Ал согушта Сталинград салгылашуусунда каза болгон. Үчүнчү иниси Бакиров Сангара 1928-жылы туулуп, ал 1952-жылы Медициналык институтту бүтүрүп, кийин жогорку котегориядагы хирург эле, бирок тилекке каршы 68 жашта оорудан каза табат. Сангаранын 3 эркек, 2 кызы бар, алардын баары үйлөнүп, жайланышкан.

    Жунушев Мурат 1940-жылы 1-январда Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. 1950-жылга чейин Көк-Сай айылында чоң энесинин колунда чоңойгон. 1950-жылы Балыкчы шаарына атабыз көчүп келгенден кийин колуна алган. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1959-жылы октябрь айында Уфа шаарында аскер кызматын 3 жыл, 1 ай өтөп келген. 1962-жылы аскерден келгенден кийин “Автовнештранска” айдоочу болуп жумушка орношот. 1964-67-жылдары Фрунзе Политехникалык институтун бүтүрүп, кайра “Автовнештарнска” келип, 2002-жылдарга чейин 40 жыл бою ошол жерде ар кандай жумуштарда иштеген. 1988-жылы “Ардагер” медалын алган. Азыркы учурда пенсияда, өз чарбасында эмгектенет. Өмүрлүк жолдошу Токтосунова Шайыркүл да пенсионер. Алар үч кыз, бир эркек баланын ата-энеси. Жашаган жери Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылы.

    ЧОЛПОН-АТА ШААРЫНДАГЫ БЕШ БАЛАЛАР                       (Мазмунга)

    Курорттук борбор болгон Чолпон-Ата шаарында бүгүнкү күндө, беш бала уруусунан беш түтүн жашайт.

    Акматов Жангазы Урсаевич 1990-жылы Чолпон-Ата Курортторгко директорлукка дайындалып келип жашап калган. 1986-жылдан бери жетекчилик кызматтарда:

    1990-96-жылдары Курортторгдун директору.

    1997-жылы Чолпон-Ата шаарынын башчысы, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары (1997-1998-ж.ж.,), Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясында - губернатордун орун басары (1999-2000 ж.ж.,), Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким (2001-2005-ж.ж.,), 2006-жылдан ушул күнгө чейин мурдагы АзияУниверсалБанк, азыркы “Росинбанкта” Ысык-Көлдөгү филиалынын жетекчиси. Өмүрлүк жолдошу Мамбеталиева Жыпар Таджиевна (1957-ж.т.,) арык уруусунун кызы, кесиби боюнча соода кызматкери, көп жылдар Пржевальскиде шаардык соодасында кызмат өтөп, азыркы убакта жеке менчик ишкерлик менен алек. Акматов Жангазы Урсаевичтин 2 уул, 1 кызы үйлөнүп, жайланышкан. Кызы Жылдыз - банкир, Бишкек шаарында жашайт, үч эркек балалуу - Эмир, Султан, Актан, жолдошу Нурбек - кесиби боюнча юрист, “Мегаком” компаниясында эмгектенет. Уулу Улан – экономист, бажы кызматкери, эки жогорку окуу жайын бүтүргөн, азыр бажы кызматында эмгектенет. Келинчеги Эля - банкир, эки кызын - Бегайым, Канайым жана уулу Арсенди тарбиялап өстүрүп жатышат. Кичүү уулу Улукбек Кыргыз-Славян университетин бүтүрүп, юрист кесибинин ээси, келинчеги Жибек - архитектор-инженер, экөө ата-энеси менен чогуу жашап, жаңы турмуш жолун башташты. Улукбек райондук прокуратурада жардамчы, Жибек менчик архитектуранын адиси.

    Акматов Жангазы Урсаевич көптөгөн сыйлыктардын ээси. Ал Ысык-Көл районун жетектеп турганда, 2002-жылы райондор аралык Республикалык конкурста биринчи орунду ээлеп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен “Мыкты район” деген Кызыл Туу алган. “Кыргыз туусу” жана “Эркин тоо” газеталары Жангазы Урсаевичке беш ирет катары менен “Жылдын инсаны”, “Жылдын мыкты акими” деген ардактуу наамдарды ыйгарышкан. Эл алдында жана өлкө алдында сиңирген эмгеги үчүн “Даңк” медалы, “Кыргыз Республикасына 10 жыл” төш белгиси , банктын стратегиялык маанилүү милдеттерди жайылтууда кошкон көрүнүктүү салымдары, кесиптик жогорку, жемиштүү жана туруктуу эмгеги үчүн, “Кыргызстан Банктар Союзунун отличниги” - ардактуу наамдын ээси, ошондой эле Эл Аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгынын лауреаты, “Ысык-Көл жана Жети-Өгүз райондорунун ардактуу атуулу”.

    Акматов Жаныбек -1955-жылы туулган, көп жылдар Оргочор кой чарбалык станциясында эмгектенип, 1996-ж. Чолпон-Ата шаарына көчүп келген. Жаныбектин өмүрлүк жары – Жыпар Амурова, Ысык-Көл районун Кош-Көл айылында төрөлгөн, уруусу - саяк, кесиби бухгалтер. Жаныбек “Кыргыз деңизи” санаториясында, 2001-жылдан бери Чолпон-Ата шаарындагы Балдар үйүндө (SOS киндер) эмгектенет. Жыпар көп жылдардан бери бухгалтерлик кесипти аркалайт, учурда райондук военкоматта башкы бухгалтер. Жаныбек менен Жыпардын уулдары - Мирлан, Максат. Кызы Мээрим Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинде кытай тили боюнча окуйт. Уулу Мирлан жогорку билимдүү, жеке ишкерлик менен алектенет, келинчеги Бегай банк кызматкери. Алардын эки уулу бар - Байэл, Нурэл. Кичүү уулу Максат Бишкекте Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинде студент, бүгүнкү күндө аскердик милдетин аткарууда.

    Чолпон-Атадагы беш бала уруусунун катарында - Орозалиев Абакир Сааданбекович - 1958-жылы Тоң районунун Ак-Сай айылында туулган, жогорку билимдүү, көп жылдар комсомолдук, партиялык жумуштарда иштеген. 1993-жылы Чолпон-Ата шаардык Кеңештин төрагасы андан кийин Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин орун басары болгон. 1997-жылы Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүн жетектеп, 2000-жылы Москва районундагы Садовая айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Акыркы жылдары Чолпон-Ата шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу мекемесинде жетекчилик кылып турган. Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жубайы Орозалиева Шайгүл экөө төрт баланы тарбиялап өстүрүштү. Үч кызы жогорку окуу жайларын бүтүрүшүп, турмушка чыгып, үйлүү-жайлуу болушуп, азыр банк системасында иштешет. Кичүү уулу Канат келечектеги юрист.

    Абдылдаев Үмөтаалы Сергеевич. 1960-жылы 2-сентябрда Ак-Сай айылында бухгалтердин үй бүлөсүндө туулган. Атасы Сергей ошол кездеги “ХХII партсъезд” атындагы колхоздо бухгалтер, энеси Жумабекова Жеңишкүл ошол эле айылда магазинде иштеген. Үмөтаалы 1977-жылы айылдагы Ж. Турусбеков атындагы мектепти бүтүп, ошол эле жылы Казакстандын Семей деген шаарындагы баалуу терилер техникумуна тапшырат. Ал жерде окуп жүрүп, алты айдан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1978-1980-жылдары Казакстандын Байконур шаарында аскердик кызматын өтөп келген. 1982- жылы Семипалатинскиден баалуу терилер техникумун бүтүрүп, товаровед жана завсклад кесиби боюнча дипломго ээ болгон. 1982-жылдын сентябрь айында айылына келип, Тоң даярдоо конторасында даярдоочу болуп ишке орношот. Бул иште 1987-жылга чейин эмгектенип, андан кийин Бөкөмбаев айылында даярдоо конторасында алма, жер-жемиш складына завсклад болуп иштеп калат. 1988-жылы ошол эле конторанын жүн-тери складына өтүп, 1993-жылы ал ишкана жоюлганга чейин иштеген. Үмөтаалынын жолдошу Райымова Гүлжан Ак-Суу айылынан, Кыдыр акенин неберелеринен. Экөө 1982-жылы үйлөнүшүп, 5 баланы өстүрүп, тарбиялашкан. Улуу баласы Тимур Бишкектен Политехникалык институтунун бүтүрүп, ушул мезгилде Бишкек шаарындагы өрт өчүрүүчү бөлүмдө иштеп, капитандык наамды алды. Экинчи кызы Самара Бишкектеги Медакадемияны бүтүрүп, азыркы мезгилде Германияда иштеп жүрөт. Үчүнчү кызы Чынара азыр Бишкектин Гуманитардык университеттин 5-курсун аяктап жатат. Төтүнчү кызы Айгерим жана Айтемир эгиздер: бирөө уул, бирөө кыз. Алар Бишкек Улуттук университетинде программист-экономист факультетинде 1-курста окууда. 1993-жылы даярдоо конторасы жоюлгандан кийин, жумушу жогуна байланыштуу 2000-жылы Чолпон-Ата шаарына көчүп келип, “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине жашылдандыруу чарбасына жумушчу болуп орношот жана 3 айдан кийин ушул эле санаторийге экспедитор болуп которулуп, ушул күнгө чейин иштеп келет.

    ОРГОЧОРЛУК БЕШ БАЛАЛАР                       (Мазмунга)

    Кары адамдардын маалыматтары боюнча Оргочор айылындагы тынымсейит уруусунун беш бала уругунун тобу жер которуп келгендиги төмөндөгүдөй баяндалат. Малдыбай уулу Жумабай Тоң жергесинде оокаттуу жашап, орус падышачылыгына жакшы кызмат өтөгөндүгү үчүн төш белги менен сыйланыптыр.

    Кийин даража, байлык башында улуу уулу Акмат туруп, ал да элге туура кеби, адамкерчилиги менен эл оозуна алынып, сый-урмат күтөт. Өзгөчө Жумабай уулу Акматтын 1916-жылдагы үркүн мезгилинде айылдаштарын чоң алааматтан сактап калган эмгеги кийинки мезгилдерге чейин айтылып келет.

    Үркүндө орустардын жазалоочу отрядынан качкан кыргыздардын сабынын башында Жумабай уулу Акмат баштаган Көк-Сай айлынын тургундары да Кытай беттеп көчүшөт. Жолдо алдыларынан орус аскерлери чыгып, алдыда бараткан Акмат байды аскерлердин бири кылыч менен чаап жарадар кылат.

    Атабыз жорго минип, кементай кийип, чин даражасын билгизген орус армиясынын төш белгисин тагынып бараткан экен. Эси ооп, жоргодон жыгылганда, кементайдын боору ачылып, чин белги көрүнүп калат. Орус аскерлери падышага кызматы өткөн адам экен дешип, көчтүн тобунан күнүмдүк азык-түлүк, унаага ат алып, тийбей кете бериптир.

    Атабыз баштаган топ үркүндө Кытайга барбай, Тоңдун сыртынан кыш өткөрүп, революциядан кийин, мал-жаны менен аман айлына кайтып келиптир. Келгенден соң малынан ажырап, чоң жоготууларды башынан кетирген. Ак-Сай, Көк-Сай айлындагы жердештерине көп жардам берип, малын бөлүп, күнүмдүк оокатына чоң жардам көрсөтүп турган экен.

    Согуштан соң 60-жылдары атабыз Урсай Ак-Сай айлында туугандарына учурашканы, жаманчылык-жакшылыкка барып калганда айылдын кары адамдары - байымдын уулу келиптир, ал кишинин жакшылыгын кантип унутабыз, үйдөн даам татып кет, - дешип эшигин түрүп, дасторконду жазып сый көрсөткөн. Бир канча жолу Ак-Сайлык аксакалдардын үйүнөн тамак ичкем – деп атабыз эскерип калчу.

    Кийин 1920-жылдарда Совет бийлиги байлардын малдарын ортого алып, өзүлөрүн кулака тарта баштаганда, элине байлыгын таратып, жакын санаалаштарынын кеңеши менен жер которуп кетүүгө аргасыз болот.

    Үй-бүлөсү, чакталуу малы менен Жети-Өгүз аймагына из жашыруунун аракетин көрүп келип, Кызыл-Суу аймагында Жалгыз-Өрүк айылындагы уруулаш Атамкул, Урабайларды байырлап туруп калат.

    Жалгыз-Өрүк, Сливкина (кийинки Покровка, Кызыл-Суу) айылына жакын болгондуктан, (анын үстүнө кийин Покровка конторунун райондук борбору) билинип калбасын деген кооптонуу менен Урабайлар - Жакынкы Оргочор деген жерде совхоз уюшулуп, ар кай жерден жумушчуларды алып жатыптыр, чарбага кирип алгыла деген сунушунун негизинде, 1932-жылдары Акмат ата балдары менен чарбага өтүп, тоо беттеген Кайыңды деген жерде совхоздун малын багып, айрымдары жаңыдан түптөлүп иш баштаган токой чарбасында жумушчу болуп кирип, токой көчөттөрүн отургузуу, багуу, өстүрүү иштеринде бир топ мезгил эмгектенишкен. Учурда алар отургузган, өстүргөн карагайлар тоо көркүн чыгарып, эл керегине жарап жатат. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Акматтын балдары Урсай менен Мөкүш согушка кетип, 1943-жылы Москванын алдындагы согушта оор жаракат алып, кайтып келген. Ал эми Мөкүш дайынсыз жок болуп, артында туяк калган эмес.

    Негизинен Акмат атанын, кийин аталаш тууганы Асан уулунун балдары мал чарбачылыгында иштеп келишти.

    Акмат уулу Муканбет көп жыл малчылыкта үзүрлүү иштеп, 1957-жылы октябрь айында мал чарбасынын устаттарынын катарында Москвага жыйынга барып, Ленин ордени менен сыйланган. Ал өмүрүнүн акырына-1962-жылга чейин Оргочор совхозунда асыл-тукум кой, кочкор багып иштеген.

    Ыбрай, Исмаил, Мөкүш Чоң- Кызыл- Суу өрдөшүндө аймактык даярдоо бөлүмүндө мамлекеттик эт топтоо багытында иштешет. Урдөөлөт, Урсай кыйла мезгил субай мал багат. Баш чабан болгон Урсайдын аялы Калбүбү бир нече сапар райондук Кеңештин депутаты, мал чарбасындагы жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак граммотасы, Урдөөлөт уулу Орузбай Акматов «Ардак Белгиси» ордени СССР дин ВДНХсынын коло, күмүш медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак граммотасы менен сыйланышкан.
    Учурда Оргочор айлында 17 уруунун өкүлдөрү жашайт.

    Айыл негизинен 1928-жылдары орустар тарабынан негизделген. Айыл Тилекмат жана Кызыл-Суу айылынын ортосунда (Кызыл-Суудан 3 чакырым, Тилекматтан 10 чакырым аралыкта) дөңсөө жерде, белде жайгашкандыктан, айрым маалымат булактарында, оозеки эки кептерде «Бел» совхозу деп да айтылып жүрөт. Башта айыл ортосунан бөлүнүп, Оргочор тоосунун түбүндөгү жаңы конуш Подгорный же ферма, жолго чукул жайгашкан айыл, Оргочор же Оргочор – центр деп аталып келген. 1985- жылдары эки айылдын ортосуна 2 кабат заманбап бала бакча салынып, айланасы жер участогуна бөлүнүп, үйлөр курулуп, ортодогу чек жоюлган. Бирок ушу бүгүн да райондук статистика бөлүмүндө Подгорный айылы өзүнчө каттоодо турат.

    2012-жылга карата айыл өкмөтүнүн паспорту боюнча; Оргочор айылында 421 түтүндө 1658, Подгорный айылында 191 түтүндө 1065 эл жашайт. Айыл (Оргочор) деңиз деңгээлинен 1784 км бийиктикте. Каракол шаарынан 35 км., Кызыл - Суу 3 км, көл жээгинен 16 км аралыкта жайгашкан. Айыл өкмөттө 921 түтүн 4074 эл жашайт. Беш бала уурусунда 32 түтүн, анын ичинен Акмат уулу 9, Асан уулу 5, Ак- Дөбөлүк беш бала 6 түтүн үй-бүлөдөн турат.

    Чоң аталарыбыз Малдыбай уулу Жумабай өз мезгилинин мартабалуу адамы бий болгон экен. Атабыздын да бир касиети көз боочулук, дубачылык да жөндөмү болгон дешет. Илгери жер-жерлердеги айыл билермандары Караколго жыйынга каттап турган. Күндөрдүн биринде Жумабай атабыз баштаган топ Караколдон келатса, алды тараптан чаң чыгат, дурустап байкашса кызыл шапкечендер өңдөнөт. Ал мезгил падыша өкмөтүнүн жасоолдору кызыл шапке кийип, бийлик башындагылардын чечим-көрсөтмөлөрүн тез арада айтылган жерлерге маалымдап турушчу. Жолдон минген аттары чарчап-чаалыгып калып, алдынан чыкканы болобу, айылданбы, аттарын сурабай эле опузалап, алмаштырып минип кетүүгө укугу боло турган. Эгерде ат ээлери каршылык көрсөтсө, катуу жазалашып, мерт болуп калуу коркунучу бар эле. Бул эреже бардык элге белгилүү болчу. Муну түшүнгөн Жумабай атанын тобу калдастап калат. Ошол учурда Жумабай ата.

    - Тез бастыргыла, тиги топ чийге чукул жетип, аттан түшкүлө! Атыңарды суулуктан кармап, кыбылага жүз буруп, шыбыш бербей тынч тургула! - дейт. Атабыз алакан жайып дуба окуп бүткөндө 3 кызыл тебетейчен аттарын тердетип чаап, жетип келди. Алдыдагы бирөө айланага сыдыра карап:

    - Капырай, ушул эле жерден көрбөдүк беле. Алыс кеткидей деле болгон жок, булар эмне учуп кеттиби? - деп кыйлага ошол чөлкөмдү тинтип жүрдү. Жедеп таба албаганына көздөрү жеткенде, маанайлары суз сапарын улап кете беришкен экен. Жумабай аталар кызыл шапкелер көрүнбөй калганда гана жолун улашты. Чоң аталардын Жумабай атанын жылан менен арбашканын да аңыз кеп кылып айтканы бар. Атабыздын курдаштарынан жылан менен арбашканын уккан бирөө бир күнү жолдо баратып сурайт:

    - Ээ Жумабай, сени жылан менен арбашат деп уктук, ушул өнөрүңдү бир көрсөтпөйсүңбү?

    Атабыз: - Болуптур, жол узак эмеспи, алдыбыздан улуу чыкса, арбашып көрөйүн, -деп тим болот. Жол бою кызуу маек куруп баратса, ырас эле жолду оң тарабынан кесип, бир кара чаар жылан өтүп кетет. Жумабай атабыз жыландын алдын тосуп, аттан түшүп, чылбырын жолдошторунун бирине карматып, чөк түшүп отурат:

    - Эми силер үнүңөрдү катып, биртике алыстан карап тургула! - дейт.

    Өзү дуба окуп кирет. Эки аттам маңдайындагы чийдин түбүндөгү жылан тилин соймоңдотуп тикесинен туруп болгон назарын атабызга бурат. Экөөнүн тиктеши көпкө созулуп кетет. Бир маалда тик турган кара чаар жылан, алы кетип көбө баштайт. Бул көрүнүшкө күбө болгон теңтуштарынын бири чыдабай:

    - Ой, Жумабай, болбойсуңбу күн кечтеп баратат, - деп дубаны бузуп жиберет. Ушундан соң атабыздын жүзү кубарып, деми буулуп, оозу араң эле кыбырап калат. Тээ кыйлада барып өңүнө кызыл жүгүрүп калыбына келет. Ичкере баштаган жылан кайрадан көөп барып, тарс жарылып кетет. Ошондо гана Жумабай ата оор дем алып, жер таяна туруп:

    - Ок, кокуйлар, тим тургула десе, аз жерден мерт кылып коё таштадыңар, - дептир теңтуштарына. Атабыздын мындай дубачылыгы чоң чоң аталардан өтсө керек. Жумабай атабыз чоң кесеге суу куюп, дубалап балага айлантып, элди таң калтырган учурлары жөнүндө да замандаштарынын айткандарын уккандар арбын.

    Эл сыйлаган, касиеттүү Жумабай атанын сөөгү кайсы жерге коюлганы көп убакыт такталбай жүрдү. Күндөрдүн биринде Окен уулу Шаршенбай агабыз биз менен кабарлашып, Жумабай атабыз жөнүндө кебин ортого салды: - Эки-үч жыл мурун ар кандай себеп менен Бишкектен жогору жайланышкан Кой-Таш айылына төлгөчүгө барып төлгө салдырып калдым. Төлгөчүнүн менин турмушумдагы, үй-бүлөмдөгү көп нерселерди айтканы, алардын көпчүлүгү чындыкка туура келгени мени таң калтырды. Ошондой эле, баарынан кызыгы, ал төлгөчү чоң атамдын касиеттүү, билимдүү (молдо) адам болгондугун, ал эми өзүм пайгамбар жашына келсем да чоң атама бир да жолу куран окутпаганымды айтканда абдан уялдым. Чынында эле чоң атам Жумабайга куран окуткан жок элем. Төлгөчүгө жолуккандан кийин эле үйгө келип атайын ырым кылып, жыт чыгарып, чоң атама куран окуттум. Беш бала жөнүндө ушул китеп даярдалган учурда ага кошумча катары өзүмдүн өмүр баянымды (“Турмуш жолун эскерип”- Ш.Окенов) жазып отуруп, атам Окендин:

    -Чоң атаңдын сөөгү ушул жерге коюлган. Бул жер ыйык жер, мазар теректер бар, - деп айтканы капыстан эсиме түштү. Ал айтылган жер Бөкөнбаев айылынан 4-5 чакырым, күн-чыгыштагы Кайнар жак эле, башкача айтканда Таш-Дөбөдөн өйдөрөөк, түштүк-чыгышында.

    Кийинчерээк Шаршенбай аба ооруганына карабай, 29-апрель 2012-жылы, атайын Бишкектен келип, кой союп, жыт чыгарып, Ак-Сайдагы бүтүн Малдыбай уулдарын, Оргочор айылынан, Чолпон-Ата шаарынан Жумабайдын небере-чөбөрөлөрүн чакырып, чоң атабыз Жумабайдын сөөгү коюлган жерге барып, куран окуттук.

    Тукумубузда койдун далысына карап келечекти айткан, дуба окуган Осмон Молдо атабыз болгон дешет, санжырада. Анын өнөрү жөнүндө Тоң аймагында ар кыл аңыз кептер ушу бүгүн да айтылып келет.

    Аталарыбыздын мындай жөндөмдөрүн кийин атабыз Урсайдан да бир аз көрүп калдык, тамыр кармап, дем салып калчу. Келиндери атамдын замандаштары динге берилген молдочулугун, ыйманын сыйлачу. Төтөн апабыз атамдын кийим-кечегин жогору коюп, тебелетпей аздектеп турчу. Бир сапар мындай окуя болгон, атамдар тоодо, Кайыңдыда мал менен жайлоодо эле. Кошунасы бир катар жыл короолош, чайкалышып жүргөн Шакир аба. Аялы Дарика эже Тилекмат айылынан, Тилекмат акенин небереси, апам Калбүбүнүн сиңдилери, айтылуу чечен Тилекмат атанын иниси Кыдырбайдын небереси болчу. Дарика эже атамды жезде деп тамашалап калчу. Күндөрдүн биринде бир үйдөн чай ичип отурганда Дарика эже атамдын этегин баса отуруп:

    - Ээ жезде, сизди молдо, табып дешет, сыйкырың барбы? Кана көрсөтчү? - деп тамашалап, жөөлөйт.

    Атам: - Ок кудай урган, шүк отур, запкы көрүп каласың , - деп, кепти бөлөк нукка бурат. - Чай ичилип бүтүп, Дарика эжелер үйүнө кетишет. Көп убакыт өтпөй Шакир абанын балдарынын бири үйүнө жүгүрүп келет. - Энем булактын жанында жыгылып жатат, - дейт. Үйдөгүлөр жабыла жүгүрүп барышса, эже суу алганы булакка барган экен, чакалары булак жанында томолонуп жатат. Эже чалкасынан дем алып-албай сулк жатат. Жабылып үйгө көтөрүп келгенден кийин, кыйладан соң эсине келиптир. Ошондон бери көзү өткөнчө биздин үйгө киргенде ирегеден өйдө өтпөй, атама тамаша сөзүн укканым жок. Маркум атамдар, Шакир абалар болуп сыйлашып жүрүп өтүштү, арбактары ыраазы болсун.

    Атамдын дуба окуганын маркум Жолдошбек агамдын айтканы да эсте калыптыр. Жолдошбек ага демекчи, бизге, таякелерине жасаган өтө сый мамилесин эч качан унута албайм. Агамдын таятасы Маамыт, чоң атам Акмат менен уялаш. Турмуш, тагдыр ушундай болду, Жолдошбек ага таята, таяэжелеринин колунда чоңоюп, эр жетти. Чабан, кийин кыйла жыл токойчулук кызматты аркалады. Мал багып жүрүп Оргочорго коңшу Светлая-Поляна айылындагы «Победа» колхозунда тубар кой багып, жүн, төл алууда жогорку көрсөткүчтөрү үчүн «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланып, бир канча сапар жергиликтүү кеңештерге депутат болгон. Маркум жээнибиз сөзмөр, санжыра кепке кулагын төшөп, артынан кууп укчу. Бизге, таякелерине карата тууганчылыгы өзгөчө бийик эле . Эң жакшы көрүп, оозунан түшүрбөгөн макалы «Жетимиштеги жээнден, жети жаштагы таякенин жолу улук» - деп, сыйкор, кең пейилин көрсөтчү. Өзү да таякелеринин санжырасын көп айтып, сыймыктанчу.

    -Тайларым тегин жерден эмес. Аларды пир тутуп келем - деп, биздин ынтымакка кошулган. Бүгүн да балдары, жеңе менен сыйлашып турабыз. Агабыз ыраматылык Жолдошбек өзү бу дүйнөдөн 54 жашында өтүп кетти. Ушу агабыздын эскерүүсү али эсте. 70-жылдар болсо керек, агабыз Жолдошбектин жездеси Рысбек тоодон тиши ооруп чыдатпай ат менен төмөн түшүп келатыптыр. Атам жакадан тоого үйүнө баратып жолдон каршы чыгат. Рысбек жезденин ал-абалын сурап, аттан түшүрөт. Жолдун чекесине олтуруп, бейтаптын оозун ачтырып дуба окуйт . Кыйладан соң жезденин тишинин ооруганы басылат. Жезде атама рахматын айтып, үйүнө кубанычтуу кеткен экен.

    Атам кезинде тамыр кармап, бейтаптын оорусунун абалын ысык-суугун, жеңилин айтып берчү дешет. Өзү сабатсыз болсо да согуштан кийинки жылдары тоодо бригадирлик жумушта иштептир. Балалыгы Совет доорунда өтүп, милдеттүү түрдө сабатсыздыкты жоюу урааны күчүндө турса да окубаптыр. Байларды кулакка тартуу, бала-чакасы менен бөтөн жерге көчүрүү коркунучу турганда, чоң атабыз Акмат тегибиз билинип калбасын деген ниетте үймө-үй кыдырып, каттап жүргөн мугалимдердин тилин таап, окуудан алып калган, - деп атам эскерип калчу. Ырас эле Акмат атанын балдарынан ошол тапта окууга барчу Урсай ата менен Ыраш эже Акматов деген фамилияда болгон. Эгер окууга тартылып, журналга катталса, коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чоң атабыздын из жашырып келгени билинип калышы мүмкүн эле. Экинчи чоң энем Ажар балдарды каттоого келген кишилерден чочулап, фамилясын сураса коркуп, өзүн, атам Урдөөлөттү Малдыбаев деп каттатып койгон экен. Малдыбай ата Акматтын чоң атасы болгон. Урдөөлөт ата өзү түгүл балдары да ушу азыркы күндө төртүнчү бабабыздын ысымын алып жүрүшөт. Урдөөлөт атанын тун уулу Орузбай аба чоң атам Акматка тиешелүү болуп, багып алганы үчүн атабыздын ысымында. Акмат атабыздын уулу Урдөөлөт атабыздын журтун ээлеп калган, агабыз Барыктабас туугандар жыйылган жерде тамашалап:

    - Баарыңардан менин жолум улук, атабыз Акматтын чоң атасынын ысымын алып жүрөм деп калат. - Ансыз деле агабыз барктуу, оозунда сөзү бар, нечен жыл кызматта иштеп, азыр да папкасы колунан түшпөй айылда жайыт комитетинин төрагасы болуп эмгектенет. Жеңебиз Чынар агабызга кир жугузбай, баарыбыз сыйлаган, тойдун көркүн чыгарган ырчы, сөзмөр айым.

    Атам Урсай согуштан кийин бригадир болуп иштеп турганда чарба аркылуу окууга жиберели дегенде улуу чоң энебиз Күмүшай - эки уулун согушка жөнөтүп, алардын бири кайтпай муңкайгыдан арылбай турганда чочулап, атамды окууга жибербей ыйлап, алып калган - дечү апабыз Калбүбү. Атам ыраматылык, мен эс тартканы намазын жазбай жүрүп өттү. Таң азан, бешимде азан чакырып, намаз окуй турган. Орозо маалында апабыз болгон ырыстуу тамагын атама белендеп, дасторконду жайнатып коер эле. Балабыз да, кээде бир туугандарымдан таң эрте атам менен бир туруп, ооз бекиткен тамактан ичип калаар элек. Атам акыркы жылдары жума калтырбай Каракол шаарына намазга барып жүрдү. Атүгүл райондогу айрым айылдардын молдолору менен шерине тамак ичип, орозо маалында ооз ачырышчу. Саруудан Токторбай ажы, Полянадан Деркембай ата, Оргочордон Мукан ата ж.б. чогулуп нечен ирээт даамдаш болушту. Кадырлуу аталардын дасторкон үстүндөгү ангемеси өзгөчө жагымдуу эле. Санжырадан, шарияттан кеп салышып эт тартылып, узаганга чейин не деген ширин сөздөрдү угар элек. Өзгөчө Мукан, Деркенбай аталардын кебинин угумдуулугу керемет болчу. Атам билимдүү молдолордон уккан шариятты, өзгөчө Эр Табылды эпосун, Улукман аке жөнүндө легенданы өтө уккулуктуу айтып берер эле. Адамдын үмүт-тилеги, табияты ушундай тура, жаманчылыкты ойлобой, жакшылыкты гана күтүп, ошону менен гана жашап жүрө берет экенбиз. Болбосо атабыздын көзү тирүүсүндө жакшы кебин, урпактардан калган санжырасын кагазга чийип, тасмага тартып калганга деле мүмкүнчүлүк бар эле. Аттиң, мезгилдин күлүктүгү, күнүмдүк турмуштун шарданы менен кете берет тура, билинбей.

    Токтомуш атанын Буурчак энеден тараган беш бала уруусунун бир уулу Сатыке атанын урпагы негизинен Жети-Өгүздүн Чычкан айылында турушат. Бир аз түтүнү Жалгыз-Өрүк айылында, Кытай жергесине конуш которуп келүүсү жөнүндө ар кыл санжыра айтылат. Биринде Сатыке ата жакырчылык менен эрте коштошуп, аялын башка жакын туугандарга баш байлайлы дегенде балдарын алып, түн катып, төркүндөрүнө качып келген, - десе, дагы биринде кыргызга таанымал тынымсейит Арстанбек ырчы менен тууганчылык байланышы божомолдонот. Себеби Арстанбек ырчы да 19-кылымдын акырында атасы Буйлаш бий өлгөндөн соң байбичесинин балдары батырбай койгонунан Чычкандагы таякелерин башпаана кылып көчүп келген. Бир канча жыл Жети-Өгүз жергесинде бий болуп, даңк- урматка жетип, жакшы доорон сүргөн. Ал 1918-жылы каза болуп, урмат-сый менен сөөгү Жууку өрдөшүндө айтылуу манап Боронбайдын жанына Таш-Кыя көрүстөнүнө коюлган. Сатыке уруусу 1916-жылкы үркүндө эл менен бирге Кытайга бет алып, кайсы бир чоң энелердин төркүнү Ат-Башы тараптан болсо керек, 1-2 жыл ошол жерде күн кечирип, кайра өз айылы Чычканга келиптир. Үркүндөн соң улуу муундагы адамдардын айтымында - Тоңдон Акмат аттуу бай келип, беш бала уруусун көчүрүп кетем, аларга да жер бөлүндү, - деген экен. Муну уккан Байгазы болуштун атасы Исабек уулуна:

    - Беш бала уруусун көчүртпө! Алар көчсө сыймыгың, кутуң көчөт, - дептир. Атасынын акылы менен Байгазы болуш Акмат байга сый көрсөтүп, ат мингизип, жаз-күз салыгың менин мойнумда болсун, - деп узатат.

    Атам Урсай 1949-жылдан тартып малчылык кесипти аркалап, өмүрү мүлдө мал багуу менен өттү. Согуштан кийинки жылдары бардыгы жеңиш үчүн деген аракетте болуп, элдин турмушунун оңолушу жеңилге турган жок. Өзгөчө мал менен көчүп- конуп, арбын төл, жүн алуу, эттин планын толтуруунун аракетинде жүргөн чабандар үчүн оор эле болду. Ал кезде негизги унаа ат, өгүз эле. Алыскы жайытка көчкөндө боз үйдү, чатырды, үй эмеректерди өгүз, атка артып, кой менен бирге кете бере турган. Тоо коктуларын өрдөгөн жолдор кийин эле салынып, техника жүрүп калбадыбы. Көчтүн эң машакаттуусу жайкысын сыртка көчүү болгон. Бекеринен акындар «Түшүнөт эле түйшүгүн, эки күн коюн айдашса», - деп ырга кошпогон чыгаар. Айылдан жүрүш алган мал 6-7 күн дегенде сырт өрөөнүнө конушка жетип тыным алаар эле. Жол бою канча түйшүк.

    Элде “жол азабы, көр азабы” демекчи, жайкы күндүн күндүзгү ысык илеби, тубар кой козусу менен миңге чамалаган чубалып сапар улаган малдын төрт аягынан көтөрүлгөн чаң, түнкүсүн муздак сыдырым шамалдан улам аргасыз от жактырып, утурумдук кичине чатыр тиктирип, мал үйүр албаган ээн талаада өрүтүп, жоготуп жибербей тегеренип, кезмет менен түн кезип, кайтарып чыгуу не деген эмгек, түмөн түйшүк. Төтөн жол бою нечен кичине-чоң сууларды кечүү баарынан опурталдуусу. Адатта агыны ыкчам чоң сууну шарт эле кечирип өтүү мүмкүн эмес.

    Суу боюна кечинде жетип, койду ошол тегерекке жайып тойгузуп, түнү суунун тартылышын, таңдын атканын күтүш керек. Жерге жарык нуру түшкөнү алдыга 1-2 койду жипке байлап, ат менен кечүүдөн алып өтсө, анан артынан калганы чубап берет. Төмөн тарабынан 2-3 атчан дарманы аз, кичине козулар суунун агымына кетсе утур алып чыгарып турат. Айрым алабарман, тобокелчил малчылар нечен кой козуларын сууга алдырып, түнкүсүн өрүтүп жиберген, азап тарткан учурлар арбын болгон. Көчтө чоң сыноо ашуу. Миңге чукул, айрым учурда 2-3 короо биригип айдаса, андан да арбын кой ашууда бирден чубап, малдын баш аягы 2-3 километрге созулуп таштуу зоону аралап баратканын эстеп көрүңүз. Ортодо бир эле кой коргул- га бутун кыпчытып туруп калса, көтөрүп атка бөктөрүп алууга эле канчалык дарман, күч керек. Ашуу демекчи, ал ар дайым эле мемиреп, жол берип турбайт. Ак жайдын күнү удургуп, кар аралаш бороон согуп, туман чалып, ызгаар суугу чучукка жетип кетет. Аба ырайынын татаал шартында ашуудагы жалгыз аяк жолдо олдоксон кыймыл жасасаң, төмөн тарабындагы тик жардын курмандыгы болооруң шексиз. Ашууда баратып, төмөн көз жүгүртсөң, бийиктигинен башың айланат. Ошондон улам көп кылчактабай алдыңы гана карап, атыңды жетелеп, коюңду айдап кете бересиң. Сырт өрөөнүндө бийиктиги, жолдун катаалдыгынан өкүнүчтүү окуяга дуушар болгон «Келин тайгак» аттуу кыя ушу бүгүн да көкүрөктү сыздатып турат. Бедел жайлоосуна баратканда жолу катаал, зоонун боорунан тепчип өткөн кыя башталат. Тээ өткөн кылымда ушул жер менен балалуу Мөөржан аттуу келин ат менен утур ойдолоп бараткан экен. Жол ортолоп калганда жогору тараптан бир атчан түшүп келатат караса, жакындаса жакын кайнагалары болуп чыгат. Андан жазганып, атын бура тартам дегенде, кууш жолдон аты имериле албай, жар ылдый кулап кеткен дешет. Ошондон бери бул кыя «Келин тайгак» атка конуп, мында сапар алгандар ичинен дуба кылып, келме келтирип өтүшөт. Ал эми сырт өрөөнүндө аба ырайынын катаалдыгын мында күн кечирген адам гана түшүнөт. Бир эле күндө жылдын төрт мезгилин көрүүгө болот. Бурганактаган кар, жүз ачырбай чаба жааган жамгыр, карандай шамал, көлөкө издеткен ысыгы бир күндө алмашып келе берген кыялы бар. Ушундай шартта мал артында күн өткөргөн чабандын түйшүгү, эмгеги оор эле. Ар бир кесиптин оор мүшкүлү болот эмеспи. Мал менен киндиктеш өскөн биздин ата-бабаларыбыз ушундай машакатты баштарынан өткөрүшкөн.

    Атам Урсай кыйла мезгил жайкысын Кайыңды, Бурган-Суу, Карала-Арча, Жайдак- Төр, Күркүрө, Орток жайлоолорунда болгон. 1960-жылы Оргочор совхозуна коңшу «Көк Жар» колхозу (Боз-Бешик айылы) кошулгандан тартып Кичи-Кызыл-Суу өрдөшүндөгү Көк-Булак, андан жогору Жуматай, Куттуксейит жайлоолорунда жайлап жүрдү. Жолдун катаалдыгы, бийиктиги, алыстыгы болбосо жаратылышынын кооздугу кайталангыс керемет жайлоо да. Июнь айында чарбада кой кыркуу өнөктүгү бүтүп, таң азандан жайлоого кой айдап, Чоң-Кызыл-Суу, Шор-Булак аркылуу Кичи-Кызыл-Суу өрдөшүнө түшүп, бешимде Көк-Булак жайлоосуна жетип барат элек.

    Үй эмеректер, жүк трактор же күчтүү автоунаалар менен Куттуксейит жайлоосунун башталышына түшүрүлүп, андан ары бир километр ат менен жүктөп кетчүбүз. Биздин көпчүлүк балалык күнүбүз жайкысын ушул керемет жерде өттү. Жайлоонун капталдары бийик, төмөн жагы калың карагайлуу, жогору тарабы жайдак келип, койду жөө кайтарар элек. Атам бизди жыгылат деп корккондонбу, ат миңгизип малга жиберчү эмес. Андан да ат кыйнаган адамды жаман көрүп:

    - Малдын убал-сообунан коркпогон, кудай урган, - деп калаар эле. Өзгөчө Тоң районунан алынып келинген тору, кыргыз тукумундагы жапалдаш атты аяп турчу, чарбанын малын баккан 20 жыл ичинде аны пайдаланып жүрдү. Жайы-кышы этинен түшүрбөй, бапестеп турар эле. Ал ат нечен малчылардын назарына түшүп, атабыз мал өткөргөн соң да, нечен жыл чапчаңдыгынан танган жок.

    Ат адамдын канаты дегендей биздин Акмат уулдары кеп салууга татыктуу жанга шерик аттарды күтүшүптүр, 30-жылдары чоң атабыз Акмат Ак-Сайдан минип келген күрөң бээсинин тукумунун аягы кийин эле үзүлдү, учурунда чарбада алдыңкы чабан аталып, Ленин орденине татыган Мукамбет атанын кашка жоргосу, агабыз Орузбайдын жээрде кашка жоргосу, жорго салышка түшүп, байгеге татыган учрлары болгон.

    - Жаш кезимде, - дейт, өткөндү эскерип Орузбай агам, - 60-жылдары жорго минип, айылдын четиндеги көрүстөндөн Шалба тараптагы чек арадагы кашарга чейин жорголотуп таптаар элек. Анда көрүстөндө бир эле күмбөз боло турган. Ал жер Кыдык Самсаалынын күмбөзү - деп аталчу. Элдин айтымында бул аймакта илгери Тоңдук кыдыктар жашап турган дешет. Бир канча сапар жоргомду байгеге салып, эки үч сапар белек алган учурларым болду.

    60-жылдары Оргочордо элдин бир жерге отурукташып, үй куруусу башталган экен. Буга чейин айыл эли чачкын жашап, эски фермада бир топ эл жайгашып турган. Мында чочко ферма, уй ферма туруп, бир топ кишилер суу бойлой салынган жалпак жер тамдарда туруптур. Эски кыркын сарайдын алдында гараж, ат багуучу сарай орноп турган дешет. 1950-жылдардын акырында азыркы фермага - Подгорный айылына эл отурукташа баштаган. Учурда ферманын Каракол көчөсүнүн башында колхоз төрт барак үй салган.

    Ар бир баракта төрттөн үй-бүлө жашоочу, ал жер жаңы ферма деп аталып, алгачкылардан болуп, Мукамбет абам Урсай абам балык жон, узун төрт бөлмө үй тургузган. Чыгыш тарабы Мукамбет абамдыкы эле. Мен өгүз минип, карагай сүйрөп, Урсай абам айдап, түнү менен Кайыңдыдан устун, шырык сүйрөтүп келчүүбүз.

    Устасы Бапанын атасы Алакун аба эле. Менимче 1956-жылдары үй бүтүп, бир жылдан кийин Мукамбет аба өз үйүнө Кайыңдыдан Акмат атаны көчүрүп келип киргизген. Ал үйдө атам, Ажар энем, мен жашап турдук. Мени Ажар энем төрөбөгөндөн улам, 11 айымда багып алып, Акмат атамдар менен бир үй-бүлө болуп жашадык. Урсай байкемдин үйүндө улуу чоң энем Күмүшай, Айлыкан, Раш эже, Жакшылыктар турду. Мукамбет ата Оргочордун борбор жагынан үй сатып алып кеткен. Көп өтпөй Урсай байкем да ошол көчөдөгү Николай деген орустун үйүн сатып алып, өз үйүн Урдөөлөт атама сатты. Ал кезде жаңы фермада бир эле көчө жаңы түптөлүп жаткан. Төмөн жагы көлмө, айланасы камыш болор эле. Кийин эски фермадагылар көчүп келе баштады.

    Ырас, 50 жылда жер жаңы, жүз жылда эл жаңы демекчи, азыркы эски фермадан болгону кийинки уй ферманын пайдубалынын бирин-серин таштары гана калды. Эски фермада суу бойлой эки бөлмө боз тамдар турчу. Жогору тарабында чоң төрт-беш үйбүлөнүн күнү өткөн. Үйдөн дайын калбай айдоо жерге айланып, кийин бак тигилген. Эң акыры ушул үйдө биздин эсибизде Жумаш – май ичме аттуу карыя жашачу. Ат араба менен чарбанын тракторлоруна май ташуучу дейт.

    Атам Урсай 1998-жылдын 30-ноябрында 82 жыл өмүр сүрүп, дүйнө салды. Элде айтылгандай жакшы жашка барганы менен алты саны аман, акылы ордунда, кеби оозунда, карылык касиетинде турса, 100 жашта деле жоготуу чоң өкүнүч экен. Сөөк күзөттөп боз үйдүн жанында отуруп да, баарын эстөөгө чама-чаркым жетпей турду. Ырас, адамдын баркы өлгөндөн кийин билинет тура. Канча кеби, акылы, түйшүгү, иши, кадыры турмуш сапарында калбады. Түгөл баарын кармай албаганыма өкүнүп отурдум…

    Бу жалганда мандайга жазганды көрөт экенбиз да. Ыраматылык атам 1916-жылы төрөлүп, эл үркүп жабыла Кытайды беттеп качып баратканда бешиктеги бала экен. Падышалык жазоолочу аскелерден катуу корккондонбу, тоо беттеп, катаал жолдо баратканда чоң энебиз Күмүшай атам Урсайды таштай качкан дешет. Кайын энеси чукул баратканбы, кайрылып атка өңөрүп алганы жөнүндө эскерип калаар эле. Мына ошондогу ажал тооруган бөбөк кылымга чукул өмүр кечирип, аркасына өрнөктүү сапар карытып, чын дүйнөгө узап кетти. Өрнөк болор өмүр демекчи, атабыз жаштайынан ишке келип, 1932-жылы ушу Оргочор совхозу жаңы уюшулуп баштаганда атасы Акмат жана бир туугандары менен бирге мал багууга аралашып,

    1942-жылы Ата Мекенди гитлердик баскынчылардан коргоого катышып, согуштан жаракат алып келгенден соң, 1982-жылга чейин энебиз Калбүбү менен малчылык та иштеди. Ак эмгектен баар таап баш чабан болгон апабыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасын, бир канча баалуу акчалай сыйлыктарын алып, райондук Советтин эки жолку чакырылышына депутат болуп шайланган.

    Ата-энебиз тоо-түздө мал артында жүрсө да 7 баласына татыктуу тарбия берип, турмуш сапарына салды. Төрт уул, үч кыздын бешөө жогорку билимдүү болду. Эки кызы университеттин чет тилдер бөлүмүн бүтүрүп, отуз жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, эс алууга чыгып, неберелеринин урматына бөлөнүп жүрүшөт. Үч уулунун бири айыл чарба академиясынын агрономдук бөлүмүн бүтүрүп, райондо үрөн инспекциясынын башчысы болуп эмгектенет Экинчи уулу университеттин экономика бөлүмүн аяктап, азыр банкта жетекчилик кызматта иштейт. Уулдарынын дагы бири журналистика бөлүмүн аяктап райондук Кеңеште иштейт. Ата-апабыз бакубат карылыкты баштан кечирип, балдарынын, неберелеринин чайын ичишти. Атабыздын үлгү аларлык сапаты - тууганчылдыгы эле. Чоң атабыз Акматтын осуяты беле, же өзүнүн көңүлүндөгү ардактаган касиетиби, туугандык алака, жардамдашуу жөнүндө шарият аралаштырып көп айтып, карым-катнашты бийик тутчу. Жакын тууган түгүл, бир уруудагы агайындар менен чайлашып, кабарлашып турчу. Ушу эле Чычкан айлындагы беш бала уруусунда Сатыке атадан тараган балдарынын бири Декебаев Таалайдын энеси - Оргочордо Урсай аттуу кайын агабыз учурашып келип турчу, - деп эскерет.

    Элде «Карыганда берсин дөөлөттү » демекчи ата-апабыз эмгектик эс алууга чыкканы балдарынын сый-урматында болушту. Ырас «күлкү менен ый эгиз» дегендей, арада жаманчылык да аралап, убакыт дарыгерлик кылган менен билгизбей өмүр жаштын арымын кыскарта берет тура. Өзгөчө жандуунун баарына баланы жоктоодон өткөн кайгы болбойт турбайбы. Ата-энебиз жездебиз Райымбек, небереси Мирзат кырсыктап дүйнө салганда жаман сынды. Баамымда апабыздын 4-5 жылдык өмүрү кыскарып калды.

    Бая башында кеп болбодубу, атабыздын өрнөктүү өмүрү туурасында. Айылдаштарга, кошуналарга, балдарга биз терең ыраазы болдук. Айтылуу акын Аалы Токомбаев «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» дегендей атабыздын эмгеги бааланып, жакындан билгендер урмат көрсөтүп, өзү жашаган көчөгө ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрүштү. Атабыз каза болгонунун бир жылдыгында жарым кылымга жакын өмүрү өткөн көчөгө Урсай атамдын ысымын ыйгаруу аземи болду. Улуу Жеңиштин 66 жылдыгынын урматына айылдагы мектептин алдында согушта курман болгондордун, согушка катышкандардын урматына эстелик такта орнотулуп, ысымдары ташка чегилип жазылды. Биздин жаркын келечек үчүн өмүрүн арнаган эл уулдарынын узун сап тизмесинде эки бир тууган ага-ини Акматов Урсай менен Мөкүш атанын ысымдары да катар жазылып калды. Келечек муундар жана урпактар-биз ар дайым аларды эскерип, өрнөктүү өмүр сүргөн аталарыбыз менен сыймыктанып, алардын турмуш сапары элге кызмат кылууга, өрнөктүү жашоого шыктандырып турат.
    Акматов Жанаалы, Оргочор айылы, 2012-ж.

    Акматов Жакшылык Урсаевич
    Акматов Жакшылык Урсаевич 1949-жылы 11- мартта Оргочор айлында төрөлгөн.
    1957-жылы Оргочор айлындагы орто мектепке кирип, 1967-жылы бүткөн.
    1967-жылы шофердук курска кирип, бүтүрүп, шофердук кесипти алган.
    1968-жылы 9-майда аскерге чакырылып Ыраакы-Чыгышта, Владивосток шаарында 1971-жылга чейин аскерде кызмат өтөгөн.
    1971-жылдын декабрь айынан 1979-жылга чейин Оргочор асыл-тукум заводдунда шофердук кесипте эмгектенген.
    1979-жылдан 1984-жылга чейин Светлый-Мыстагы айыл-чарба техникумунда окуп, аграномдук кесипке ээ болгон.
    1980-жылдан 1996-жылга чейин Оргочор асыл-тукум заводдо 1-2 бөлүмүндө агроном-бригадир болуп эмгектенген.
    1996-жылдан тартып Бишкектеги айыл чарба агрардык академиясына кирип 2001-жылы сырттан окуп, агроном кесибин алып чыгат.
    1996-жылдан 2002-жылга чейин совхоздо башкы агроном, 2002-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жети-Өгүз райондук мамлекеттик үрөн инспекциясынын башчысы болуп эмгектенип келет.
    Үй-бүлөлүү: бир уул, төрт кыздын атасы.

    Малдыбаев Кыдырмыш Урдөөлөтович
    Малдыбаев Кыдырмыш (Барктабас) Урдөөлөтович 1947-жылы 21-мартта Оргочор совхозунун аймагындагы Кайыңды жайлоосунда төрөлгөн.
    1955-66-жылдары Дархан орто мектебинде билим алган.
    1967-70-жылдары Түп районундагы совхоз техникумунда окуп, ветеринар-фельдшер адистигин алып чыккан.
    1970-96-жылдары Оргочор асыл-тукум заводунда учетчик, ветеринардык санитар, дарылоочу дарыгер, чарбанын № 2 фермасынын ветеринардык дарыгери, ветеринардык аптеканын башчысы.
    1996-01-жылдары чарбанын башкы ветеринардык дарыгери жана зоотехниги.
    2001-05- жылдары Оргочор айыл өкмөтүнүн мал чарбасын тейлөө адиси жана айыл башчысы.
    2005-09-жылдары Оргочор асыл-тукум заводунда зоотехник, ветеринардык дарыгер. 2009-жылдан бери жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзүп, жайыт комитетинин жетекчиси кызматында иштеп келүүдө.
    Үй-бүлөлүү. Айдай, Чолпон - эки кызы, Элдияр - бир уулу бар. Жубайы Малдыбаева Чынар үй кызматкери.

    Акматов Жаналы Урсаевич
    Акматов Жаналы Урсаевич 1957-жылы 1-июнда Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.
    1975-жылы Оргочор айылындагы Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебин аяктап, эмгек жолун Оргочор асыл тукум заводунун курулуш цехинде жумушчу болуп баштаган.
    1975-77-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
    1979-85-жылдары Кыргызстан Мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин угуучусу, студенти болуп журналист адистигин алып чыккан.
    1985-2000-жылдары райондук «Жети-Өгүз жаңылыгы» газетасында кабарчы, жооптуу катчы, редактордун басмакана боюнча орун басары, басмакананын башчысы кызматтарында иштеген.
    1990- жылы КПСС тин катарына өткөн.
    2000-03-жылы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик адмнистрациясында биринчи категориядагы адис, башкы адис, 2003-06-жылдары Оргочор айылындагы М. Тынаев атындагы орто мектепте директор, 2007-08-жылдары райондук К. Жетимишбаев атындагы тарых-таануу музейинин директору болуп иштеп келген.
    2008-жылдын 1-декабрында райондук кеңештин башкы адисинин бош кызмат ордуна жарыяланган сынакка катышып, кызмат ордун ээлегенге укук алган.
    Жалпы иш стажы 34 жылды түзөт. Мамлекеттик кызматтагы иш стажы 11 жыл болду. Ал кайсы кызматта иштебесин өзүн эмгекчил, жоопкерчиликтүү, мыкты кызматкер экендигин көрсөтө алды. Өзүнө кандай иш тапшырылбасын так, чоң жоопкерчилик менен аткарууга жөндөмдүү, Кыргыз Республикасынын ички, тышкы саясаттарына кеңири түшүнүгү, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда тажрыйбасы бар адис. Ар дайым өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө иштеп турат. Бир канча сертификаттардын ээси. Иш билги, адамгерчиликтүү инсан катары айылдаштар арасында, жамаатта жана райондук мекеме-ишкана уюмдардын айыл округдарынын кызматкерлеринин арасында чоң кадыр-баркка ээ. Жашаган жеринде шайлоочулардын ишенимине арзып, 2004, 2008-10 - жылдары райондук кеңештин депутаты болуп, эки сапар шайланган.
    Иштеги ийгиликтери үчүн 1996-жылы Кыргызстан журналисттер союзунун Ардак грамотасы, 2006-08-жылдары райондук мамлекеттик адмнистрациясынын жана райондук кенештин Ардак грамоталары менен сыйланган. 2010 –жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 140 жылдыгына карата юбилейлик эстелик медалына татыктуу болгон.
    Санжырачылар коомунун, музей кызматкерлеринин бир катар грамоталарын алган.
    2011-жылы Ысык-Көл областтык мамлекеттик адмнистрациясынын, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги «төш белгисинин» ээси.

    КЫРГЫЗДЫН АКЫЛ-НАСААТТАРЫ, МАКАЛ-ЛАКАПТАРЫ,
    ҮЛГҮ-КЕПТЕРИ, ОСУЯТТАРЫ, БАБАЛАР МЕНЕН БИЛГИЛЕРДИН СӨЗДӨРҮ                      
    (Мазмунга)

  • Ачууга алдырсаң, сөздүн артын байкап сүйлө
  • Ачууң келсе оозунду жап.
  • Ачуу – душман, акыл – дос, акылыңа акыл кош.
  • Акылсыз менен мас адамга сүйлөбө
  • Ары-бери алаңдабай жолду карап бас
  • Алдан айрылсаң да, ардан айрылба.
  • Алыскы сапардан кайткан адамдын башынан үч жолу суу тегеретип, сууга түкүртүп, идишин эшикке көмкөрүп коет.
  • Алыс сапарга чыгаарда нанды бир четин тиштеп сактатып коюп жөнөө керек, - насип күтөт.
  • Алыска аттанарда ачууланба.
  • Азиз жерге даарат алынбайт.
  • Аял киши малдаш токунуп отурбайт.
  • Акты «куу» де, мисалы: куу ит, куу сакал, жылкынын агын “кызыл” дейт
  • Айга карап даарат алба.
  • Ар кайсы ишке абройуңду сала бербе.
  • Алган тырмагыңды же чачыңды жерге көм.
  • Атка сол жагынан минет.
  • Атаң тирүү кезде, балаңа өзүңдү ата деп айттырба!
  • Ат жалына бут чыгарба.
  • Ар адамдын өмүрлүк досу - сабыр, душманы - ачуу.
  • Акылдуу баштын алтымыш колу бар.
  • Акыл оошот, ырыс жугушат.
  • Ачуу акылсыздыктын башталган жери.
  • Ата - аскалуу тоо, эне - боорундагы булак, бала - экөөнө шам-чырак.
  • Ашыкпай ойлоп тез бүтүр.
  • Адам көркү - адеп.
  • Адам аласы ичинде, мал аласы тышында.
  • Адам болмок аста-аста, айбан болуш бир паста.
  • Адамдын оозунда болсо, Алланын кулагында.
  • Адеби жоктун аты жөнүн сураба.
  • Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
  • Акмак менен тойго барганча, акылдуу менен таш ташы.
  • Акыл сөз кыска, адилет сөз ачуу.
  • Акылмандар аз сүйлөйт.
  • Атаң менен мактанбай, азамат уулуң менен мактан.
  • Алганың жакшы болсо - жакаң агарат, алганың жаман болсо-сакалың агарат…
  • Азды аяган, көптөн кур калат.
  • Аке, үке деген көңүлгө жакшы.
  • Агайың таттуу болсо - ат көп, абысын таттуу болсо - аш көп.
  • Акылмандын ачуусу бар, кеги жок.
  • Акылдуу бир сөздөн түшүнөт, акылсыз түртмөйүнчө түшүнбөйт.
  • Акылы жок - уйкучу, санаасы жок - күлкүчү.
  • Амалын тапкан ажалдан кутулат.
  • Акылсыздын тоюнда болгончо, акылдуунун оюнда бол.
  • Акылман баштаса төргө, акмак баштаса көргө.
  • Алптар менен алышпа, бийлер менен айтышпа.
  • Адеби жок жигит, жүгөнү жок ат.
  • Аларманга алтоо - аз, берерманга - бешөө көп.
  • Адашкандын айбы жок, кайрылып үйрүн тапкан соң, ачылгандын айбы жок өзү билип жапкан соң.
  • Арык атка камчы жоо, жыртык үйгө тамчы жоо.
  • Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башыңда.
  • Атанын мээри түшкөнгө, адамдын каары түшөт.
  • Алты күн ачка калсаң да, атаңды сыйла.
  • Ачуу суроо берип, таттуу жооп күтпө.
  • Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес.
  • Алыс жерге куда болсоң - артынчыктап аш келээр, жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сөз келээр.
  • Аргымакты жакшы чапса - күлүк, сатса - пул.
  • Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
  • Аялы шайыга батса, эри карызга батат.
  • Атанын тилдегени - баласын бил дегени.
  • Алган эри жарашса, кара катын ак болот, бакан ээси жарашса күйпүл күчүк сак болот.
  • Ашың жогуна кайгырба, ишиң жогуна кайгыр.
  • Ары карап ыйлап, бери карап күлүп.
  • Аз тамактанып, аз уктап, аз сүйлөгөндү адат кыл.
  • Ашыңды ичейин, арыңа (кадырыңа) чычайын.
  • Атам энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
  • Акырын бассаң аксак, катуу бассаң таскак дейт.
  • Ата-энени ардакта, колуңан келгиче - өмүр бою сыйла.
  • Аялдар айгыр, эркектер байтал, уй минбеш керек.
  • Аял эркектин үстүнөн, кийиминен аттабайт, баспайт.
  • Айрылган азат, кошулган озот.
  • Ашы жок үйдү ит да сүйбөйт.
  • Амандашпай, ал-жай сурашпай, сөз баштаба.
  • Аялдын үнү катуу чыккан үйдүн босогосунан жакшылык күтпө.
  • Акылдуу аял эрине абийир кошот, акылсыз аял эринин быкыйын чукуйт.
  • Атты такаласа, эшек бутун көтөрөт.
  • Аз сөзгө көп ойду батырган адам-чыныгы акылдуу инсан.
  • Аштык “бер” дейт, аштык берсең, “баштык” бер дейт, баштык берсең, “артып” бер дейт.
  • Аялынын жаман-жакшысы, эринин кийинишинен байкалат.
  • Ажаан катын – үйдөгү өрт.
  • Алкыш кетпесин, каргыш жетпесин.
  • Айыл ичине атчан чаап кирбе.
  • Адамды кордобо, акмакты бордобо.
  • Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так.
    Акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.
  • Ажыдаардын куйругун баспа, башын бас.
  • Ажырагыс карындашыңа унутулгус сөз айтпа,
    Ажырашаар досуна көңүл калар сөз айтпа.
  • Азганды кууп, тозгонго жолукпа.
  • Ачкага аш бышыртпа, үшүгөнгө от жактырба.
  • Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач.
  • Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.
  • Бейитти колуң менен көрсөтпө.
  • Бекерпос, адепсиз менен жол боюнда отурба.
  • Бирөөнүн кусаматын мойнуңа алба.
  • Бирөөнүн малына көз артпа.
  • Бешикти кур терметпе.
  • Бешикти бир учурда эки киши көтөрбөйт.
  • Бышып аткан тамакты таштаба.
  • Балаңдын ыйманын жашынан тиле, чоңойгондо тилесең кеч болуп калат.
  • Бычак, балта, кетмендин мизин жогору каратып коюп болбойт.
  • Бычактын учун өзүңө каратып сунба.
  • Бирөөнүн бетине түкүрбө, бирөөнү карап чүчкүрбө.
  • Баш кийимди ыргытпайт, баш кийимди сатпайт.
  • Балага жаңы кийим кийгизгенде бетинен өөп кой.
  • Балаңдын ою менен боло бербе.
  • Баланын таманынан өппө, кытыгылаба.
  • Байлыгыңды доско да, душманга да санатпа.
  • Беймаал убакта оорулууну сурап барба.
  • Босогодо турба, босогодо сүйлөбө.
  • Бир буюм тапсаң, үч жолу кыйкыр ээси чыгар, чыкпаса сеники.
  • Бут кийимди өйдө жакка койбойт
  • Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.
  • Бутту учкаштырба.
  • Бейиттин жанынан өткөндө күлбө, бетиңе бата кыл.
  • Беймаал убакта ыйлаба.
  • Балаң жакшы болсо - бай болосуң, аялың жакшы болсо – хан болосуң.
  • Бай болсоң магдыраба, жарды болсоң мөгдүрөбө.
  • Байлык менен бийлик кишини сынайт.
  • Билбейм дебе, үйрөнөйүн де.
  • Байысаң да, өлө турган кез келет, анда сага эки кулач бөз жетет.
  • Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигиңе сүйүн.
  • Бойлукта байлык жок.
  • Бирөөнүн айдап жүргөн малы бар, бирөөнүн ат көтөргүс даңкы бар, миңге бергис баркы бар.
  • Бука жокто, торпок бий, өрдөк жокто чулдук бий.
  • Бүркүт карыса, чычканчыл болот.
  • Бекер келген түйүнчөк, ичке жиптей үзүлчөк.
  • Белен жаткан байге жок, даярдалган даңк жок.
  • Байтал минсе кулун жок, саамал ичсе кымыз жок.
  • Бозодогу сөз бокко жарабайт.
  • Бала оюнга тойбос, жаман уйкуга тойбос.
  • Барды барга уласаң бар болот, улабасаң жок болмогу шар болот.
  • Берип берен болгуча, бербей сараң бол. (Скупость - не глупость.)
  • Бийик дөбөгө чыксаң - көзүң ачылат, жакшы менен сүйлөшсөң - көңүлүң ачылат.
  • Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт.
  • Бир көргөн - билиш, эки көргөн - тааныш.
  • Бөрү карысын жектейт.
  • Бүгүнкү сөз - эртеңкинин көпүрөсү.
  • Булуттан чыккан күн ачуу, жамандан чыккан сөз ачуу.
  • Байыгың келсе башыңды иштет, балаңды да иштет.
  • Базар барга - таттуу, жокко - ачуу.
  • Баланы жакшыга жанаштыр, жамандан адаштыр.
  • Байлык мүлктө эмес - талантта.
  • Бакпаганды балам дебе, келбегенди өзүм дебе.
  • Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
  • Балаңды жемелей берсең - курчун кетиресиң, жетелей берсең -ырысын кетиресиң.
  • Баштуу тойдун ыры көп, башсыз тойдун чыры көп.
  • Балага ойлоп айтсаң угат, ойлобой айтсаң отко жыгат.
  • Бийликтин орду бир киши, бийлесем дейт миң киши.
  • Билбеген уят эмес, билгиси келбеген уят.
  • Бийге күлгөн жарашпайт, билген жарашат.
  • Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  • Бийлик менен бирдик болбосо - тирлик болбойт.
  • Бака майрыгын билбей, жыланды ийри дептир.
  • Бал сөзгө, жалтырак дүйнөгө алданба.
  • Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти этиме тийген катыныма баркым жок.
  • Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
  • Бир кезде биз да бөрү элек, тайлак басып жээр элек.
  • Бычак канчалык курч болсо да, өз сабын кесе албайт.
  • Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан..
  • Душманды сыртыңды салып сындабай, сырдашып сына.
  • Душмаңды мактаган досуңдан сак бол.
  • Дос, душманды айыр.
  • Досуңа сырыңды айтпа, досуңдун досу бар.
  • Досу көптү - жоо албайт, акылы көптү - доо албайт.
  • Досуңа да, касыңа да, кабагыңды ачык тут.
  • Досуңдун тоогун алсаң, каңжыгасына каз байла.
  • Дүйнө оомалуу-төкмөлүү.
  • Душманга таба, доско күлкү болбо.
  • Досум дос элек бозо сүзгөндө, кас болдук го коон үзгөндө.
  • Дөөлөтуңө ишенбе, мээнетиңе ишен.
  • Дарак мөмөлөгөн сайын ийилет.
  • Дудук менен бир жүрсөң жандаганды үйрөнөсүң, улук менен бир жүрсөң тандаганды үйрөнөсүң.
  • Дүнүйө үчүн башыңды машакатка салба
  • Дасторконду тетири салба.
  • Жоо келгенде батыр бол, доо келгенде акыл бол.
  • Жакшы адамга ит бербе.
  • Жууганда кийин колуңду силкпе.
  • Жай намазды, супараны тебелебе
  • Жакшы журттун камын жейт, жаман журттун малын жейт.
  • Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул.
  • Жаман аялдын тили узун, жакшы аялдын колу узун.
  • Жакшы аял - үйдүн куту, жаман аял - үйдүн жуту.
  • Жакшы болсоң жатык бол, улук болсоң кичик бол.
  • Жаман киши ичкенин-жегенин айтат, жакшы киши уккан-көргөнүн айтат.
  • Жакшынын сөзүнө өсөсүң, жамандын сөзүнө өчөсүң.
  • Жаманга айткан кайран сөз.
  • Жерде жаткан жумуртка, асманда учкан куш болот.
  • Жакшыны жатым дебе, душманды досум дебе.
  • Жолго чыксаң, жолдош изде.
  • Жаагыңды таянба, ыксыз үшкүрүнбө - капачылыкты чакырып аласың
  • Жок дей берген бар болбойт, эмгектенген кор болбойт.
  • Жол жүргөндө улуудан озбо.
  • Жашына караба, ишине кара.
  • Жаман эрге чыккыча - жайдагым жакшы, жаман аял алгыча бойдогум жакшы.
  • Жети атаңды санай бил, билбесең кулсуң (жетесиз).
  • Жүзүңдүң көркү-ай, тилиңдин өртү-ай.
  • Жер карыштаба, жер таянып отурба.
  • Жумушту күчкө салбай ыкка сал.
  • Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейтет.
  • Жаш баланын салмагын айтып, татынакай дебе.
  • Жаш баланы күзгүгө көрсөтпө.
  • Жиликтин чучугун жаш балага бербе, кайрымсыз болуп калат.
  • Жыландын башын жоонун колу менен мыжы.
  • Идиш - аякты теппе, ыргытпа.
  • Итти теппе жана иттин аягын тээп жылдырба.
  • Ишсиз, абройсуз адамдар менен кошуна болуудан кач.
  • Ишиң калганча ашың калсын.
  • Иш кылсаң артын ойло.
  • Киймиңди оозго илбе.
  • Калайыкка какшыктабай сүйлө.
  • Кейпи жакпайт деп кишини айыптаба.
  • Каратып коюп тамак жебе.
  • Караңгыда ак сураба.
  • Кечинде тырмагыңды алба.
  • Күйгөн отко түкүрүнбөйт.
  • Караңгыда кыз бала сууга барбайт.
  • Күн батканда эшигиңди шыпырба.
  • Кыбыланы карап заара кылба.
  • Келинди отко киргизгенде май жегизет.
  • Колуңду артыңа алып баспа.
  • Кыз бала чачын өрүп жүргөн жакшы.
  • Колуңду силкпей сүйлө.
  • Күн чыккан соң уктаба.
  • Конокто отурсаң бирөөнө ачууланба.
  • Капчыгыңа карап иш кыл.
  • Көзү өткөндү жамандаба.
  • Кесирленбе, сынтакпа – айланып өз башыңа түшөт.
  • Кир кийим кийбе, дайыма таза жүр.
  • Кишиге артыңды салба.
  • Күн бата электе жатпа – ал жамандыктын белгиси.
  • Кишиге көңүл айтып келе жатып башка үйгө кирбе.
  • Кечинде ойлоп, таң менен иш кыл.
  • Керилип иштебей берилип иште.
  • Мал короого даарат ушатпа.
  • Миң кишинин атын билгиче, бир кишинин сырын бил.
  • Меймандын өзүн бакпай, атын бак.
  • Мейманга кубанган, итин да тойгузат.
  • Мылтыкты бирөөгө кезебе, анты болот, мылтыкты аттабайт.
  • Малым азайды деп чөкпө, көбөйдү деп көппө
  • Миздүүнүн мизин каратып койбо, кан тилейт.
  • Мейманга каалашынча кызмат кыл.
  • Мойнуңа куруңду салба.
  • Малды теппе, күлдү тебелебе.
  • Мурун кычышса эт, кол кычышса акча, бутуң кычышса жол басасың.
  • Мактоо макоого да жарашат.
  • Мейманга иш буйруба.
  • Намаз шамда жатпа.
  • Нан менен оозду, колду, бычакты аарчыба.
  • Нанды бир колуң менен үзбө, көмкөрөсүнөн койбо.
  • Нан ырысың, туз насибиң.
  • Насиптин алдын башкага бербе.
  • Отко суу чачпа.
  • Ооматы кайтканды кордобо
  • Отту теппе, шамалды сөкпө.
  • «Обу жок» - үшкүрбө, көйнөгүңдү уй жегир.
  • Ооз кесир сүйлөбө.
  • Оң буттан кийип, сол аяктан чеч.
  • Ой түбүндө алтын бар, ойлой берсең табасың.
  • Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаппайт.
  • Отургандарга дайыма салам айтып өт.
  • Ойлонбой сүйлөсөң, оорубай өлөсүң.
  • Оозун сүткө күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет.
  • Өзүңдөн улууну шакаба чекпе, акыл айтпа.
  • Өткөн чатакты эске салба.
  • Өзүңдү адамдардан артык санап бой көтөрбө.
  • Өзүңдү, аялыңды, үй- бүлөөңдү бирөөнүн алдында мактаба.
  • Өлгөн жерге барганда оорулуунун абалын сураба.
  • Өлүүлөр жөнүндө оң сүйлө, болбосо үндөбө.
  • Өткөнгө өкүнбө, жетпести кууба, кеткенге кейибе.
  • Саламдашпай туруп сөз баштаба.
  • Сүйлөшүп жаткан сөзгө кыпчылба
  • Сууну эки адам талашып жуунбайт.
  • Сүттү төкпө, тузду тебелебе.
  • Сынабаган кишиңди жакшы деп ойлобо.
  • Сакалдуу адамдын артынан өт.
  • Суу көтөргөн аял эркек адамдын алдынан өтпөйт.
  • Саалаңды кайчылаштырба.
  • Сынык күзгүгө көрүнбө.
  • Сулуу көргөнгө жакшы, акылдуу жашаганга жакшы.
  • Сарыбайдын сан жылкысы көрүнбөй, Кулансарыктын кула тайы көрүнүптүр.
  • Таптаган атты мингизбе, тагдырыңды билгизбе.
  • Түнкүсүн идиштерди жуубай калтырбаш керек.
  • Тамакка улуудан мурун кол салбайт.
  • Түшүңдү сууга айт, жаман ойлосоң.
  • Таң менен таза жуун, күндү таптаза тосуп ал.
  • Таң атаарда жолго чыксаң чык, күн батарда чыкпа.
  • Тамакты ичип бүткөндө өзүңдөн улуудан мурда кол аарчыба.
  • Тойдо тонумду бер дебе.
  • Тамаша сөзгө көнүп калба.
  • Тебетейиңди тегеретпе, тетири каратып кийбе.
  • Тизеге тартынып отурба.
  • Таңкы насипти таштаба.
  • Түшкө суу кирсе - өмүр, камчы - бийлик, бит, жылан -байлык, нан, тамак - дөөлөт, токчулук.
  • Тамак жеп жатып, гезит, китеп окуба.
  • Тойдо отурсаң да, ойлоп отур.
  • Түйшүксүз адам мал сыяктуу.
  • Төрдө орун болсо улалага отурба.
  • Тамакка сын такпа.
  • Таңдайынды такылдатпа.
  • Терең дарыя жай агат, терең адам жай айтат.
  • Тыш кийимди желбегей жамынба (карган оорулуу киши жамынат).
  • Туугандан кол үзбө.
  • Түштү жаманга жорубай, жакшыга жору.
  • Уруш, жаңжал уюштуруучу болбо.
  • Узак сапар тартаарда ачууланба.
  • Унчукпай калуу акылдуулук.
  • Ушак уксаң унутуп сал, эстүү кепти эсиңе ал.
  • Ууга бараткан итке тамак бербе.
  • Улук болсоң жеңил желпи болбо.
  • Ун жок, май болсо, казан сурап келип май токоч жасаар элем дегендей.
  • Үйдү чыгышты каратып тик, күн чыкканда үйгө кут кирсин.
  • Үйдө ышкырба, үйдү айланып чуркаба.
  • Үйгө келгенге таарынычыңды айтпа.
  • Үйүңө мейман келсе, колуна жылуу суу куй.
  • Үйүңө келген кишини эшикке чыгып тосуп ал, атын ал, чөп сал, өзүн үйгө кийир.
  • Үйдү төргө карай шыпырба, душманынды көбөйтөсүң.
  • Үйдүн дубалын теппе.
  • Ыйманы бардын - ырысы бар, ырысы бардын - ынтымагы бар, ынтымагы бардын - байлыгы бар.
  • Ынтымак мүрөк суусундай, чыр-чатак жылан уусундай.
  • Ырысы жокко доочу келет, ырыстууга жуучу келет.
  • Ырыскы татаарда дайыма колуңду чайка.
  • Катын албай, кайын ал.
  • Карыдан тек сураба - кеп сура.
  • Конокту аткар, башты куткар.
  • Кадырыңды билгенден карыз ал.
  • Кулча иштеп, бийче жаша.
  • Кан жолго каргыш айтпа.
  • Коноктон алтын алба алкыш ал.
  • Кыштын камын жазда ойло.
  • Кичиге чоңсунба, карыга тыңсынба.
  • Колуңду артыңа алып баспа.
  • Кыз бала чачын өрүп жүргөн жакшы.
  • Колуңду силкпей сүйлө.
  • Күн чыккан соң уктаба.
  • Конокто отурсаң бирөөнө ачууланба.
  • Капчыгыңа карап иш кыл.
  • Көзү өткөндү жамандаба.
  • Кесирленбе, сынтакпа - айланып өз башыңа түшөт.
  • Кир кийим кийбе, дайыма таза жүр.
  • Кишиге артыңды салба.
  • Күн бата электе жатпа - ал жамандыктын белгиси.
  • Көңүлчөк көрүнө алдатат.
  • Кокуйдун кошкон кошогу, наалаттын салган төшөгү.
  • Кемибес хандын да бир татым тузу кемиптир.
  • Көчкөн жерде көө калбасын.
  • Кошоматчыга, ниети карага, ыймансызга мал сойдурба.
  • Көңүлүм келсе көлдөймүн, келбесе такыр чөлдөймүн.
  • Кечинде карызга акча бербе.
  • Колуңду жууганда силкпе, ырыскы качат.
  • Күн ааламга, билим адамга нур чачат.
  • Күйөөсү күйүттө, аялы үлпөттө.
  • Келин келгенде, босогону аттаганда: “Алдыңды мал, артыңды бала бассын”-деп, төбөсүнөн ылдый дан куй.
  • Көрө - көрө көсөм болот, сүйлөй- сүйлөй чечен болот.
  • Көп сүйлөсөң бир балээге каласың.
  • Кечүү билбей кечпе, адамдын сырын билмейинче ишенбе.
  • Конуп калган коногуңа эртең менен “Жакшы жатып, жай турдуңузбу?”- деп, айт.
  • Чоң жолдо жаткан буюмду алып, четке койсоң соопко каласың.
  • Чай сунганда оң колуңа чыны кармап, сол колуңду көкүрөккө коюп, бир азга жүгүнүш керек.
  • Чачыңды тарап, тебелендиге таштаба.
  • Чай куйсаң биринчи өзүң ич, насиптин алдын башкага бербе
  • Чыныны чертпе, куру казанды калдыратпа, үйдөн береке кетет.
  • Чактап ичпесең, чай да зыян.
  • Чөмүч менен итке тамак куйба.
  • Чагым өлтүрөт, мактоо жеткирет.
  • Чымын башына бак консо, алпкаракуш саламга келиптир.
  • Шыпыргы менен чаппайт, аны өрттөбөйт, тикесинен койбойт, ага отурбайт.
  • Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба, той менен өлүм бир күндө келип калат.
  • Шыпырындыны чогулткан бойдон таштаба.
  • Шок болсоң, жок болорсуң.
  • Шымыңды башыңа коюп жатпа.
  • Хандын да бир татым тузу кемиптир.
  • Ханды балээ басарда - жумшаган кулун кежектейт, үйүндө ашын эсептейт.
  • Хандан бала улук, баладан эне улук.
  • Хандын алдында сүйлөгөндөн тыңдаган жакшы.
  • Эл алдында тишиңди, мурдуңду чукулаба.
  • Эл көзүнчө какырынып, түкүрүнбө .
  • Эстесең оозуңа алакан тут.
  • Эки кишинин ортосунан өтпө.
  • Эшик түбүнөн жүгүнбө.
  • Эркек адамдын кийминин үстүнөн аттаба.
  • Эгерде бала уктап жатканда үйгө жалгыз калтырсаң, башына жаздыгынын алдына нан же бычак коюп кой.
  • Эски бут кийимдерди үйгө жыйнаба.
  • Элек сурап келем деп, эрге тийип кетиптир.
  • Эки тоонун чөбүн самаган кийик ачка өлүптүр.
  • Эринчектин иши эки.
  • Эч кимди сөөмөй менен көрсөтпө
  • Эшикти тээп ачпа.
  • Эр уйкусу куш уйкусу.
  • Эртең менен жаман сүйлөбө.
  • Эңкейгенге энкейгин – башың жерге тийгенче,
    Чалкайганга чалкайгын – төбөң көккө жеткиче.

    * Адамдын акылы үч жерде:
    Мээде болсо – акылман,
    Колдо болсо – иштерман,
    Бутта болсо - кор.
    * Жаз - аракет
    Жай - береке
    Күз - киреше
    Кыш – чыгаша.
    * Кубаныч иштин турагы болоор, мээримдүүлүктүн чырагы болоор, сабырдуулуктун сапаты болоор, өнөрлүүнүн дымагы болоор.
    * Өнөр үлгү чынары болоор, тууралыктын тумары болоор, көпчүлүктүн ынагы болоор.
    * Үч нерсеге коңшу конбо - күйгүзөр отко, ызгаар суукка, атактуу өкүмдарга
    * Үч нерсе кайтарылбайт: айтылган сөз, атылган ок, өткөн күндөр.
    * Улукман айтты: «Мени үч сапат: туура сөз, аманатка кыямат кылбоо, маанисиз жана орунсуз сөз айтпоо улуу даражага көтөрдү.
    * Акмактарга таандык үч адат - мактаныч, алдамчылык, сараңдык.
    * Эгер бир нерсеге жетем десең, эң алгач - напсиңе чек койгун бекем.
    * Инсандын түбөлүктүү сулуулугу жана ыймандуулугу эле уятында. Уятсыз бет жансыз жасатка окшойт.
    * Адеп менен абийир-атак алаарсың,
    Бейбаш болсоң ай-талаада калаарсың.
    * Жаратканга ыраазычылык менен, эрк менен, улууларга урмат менен, бакырларга жоомарттык менен, дос – жаранга насаат менен, душманга чыдам менен, нааданга сүкүт менен, ааламга таазим менен тирилигиң кыл!
    * Үч арсыз эмне? - уйку, күлкү, тамак.
    Насаат - бул жашоо эрежеси, турмуш багыты. Ким насаат албаса, сокур пенде кан жолго жалгыз чыккандай.

    Текст


  • Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
    Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ