МОКЕЕВ   БАПА
Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы. Бешбала.
(1910-1970)

    Биздин атабыз Мокеев Бапа 1910-жылы, Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айлында туулган экен. Паспортуна 5-февраль деп өзү эле жаздырып алыптыр. Себеби кыштын акыркы айларында төрөлгөнсүң деп айтышчу экен.

    Атам энесинен 5 жашында жетим калат.Атасы балдарына билим берүүгө аракет кылып, улуу баласын, Абдырахманды, 1903-1904-жылдары Чоң Кызыл-Суу дин мектебине берип окутуптур. 1916-жылы Үркүндө, атасы эки баласы жана ага-туугандары менен, Кытайга барып аман-эсен келишкен экен. Атамдын агасы Каракол анан Бишкек шаарларынан окуп келип, айылда биринчи окуу мектебин түзүптүр. А 1926-жылы динден ажыратылган мектепти жетектеп, балдарды араб алфавити менен окуткан экен. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, согушта курман болуптур.

    Атам Бапа 1934-жылы Бишкек шаарындагы айыл чарба мектебинде окуп, андан соң, Кыргыз Мамлекеттик мугалимдер институтун биринчилерден болуп «Артыкчылык диплому» менен бүтүрүп, Нарын шаарындагы мектепке иштөөгө жолдомо алат. Ошол жерде мугалим болуп иштеп турганында, 1942-жылы март айында, Улуу Ата Мекендик согушка чакырылат да, Ленинград шаарындагы Аскер Академиясынын алдындагы 9 айлык курсуна жиберилет. Бул курсту окуп бүткөндөн кийин, младший лейтенант званиеси менен бир аскердик бөлүктө командир по полит части болуп согуш майданына жөнөтүлөт. Согуштун көпчүлүк фронтторунда болуп, капитан званиеси менен 1946-жылдын аягында Берлин шаарынан айлына кайтат.

    Атабыз «Кызыл жылдыз» ордени, Улуу Ата Мекендин согуштун I жана II даражадагы ордендери жана көптөгөн медалдары менен: «За взятие Будапешта», «За освобождение Белграда», «За освобождение Варшавы», «За освобождение Вены», «За освобождение Праги», «За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945гг.», кийин Ата Мекендин согуштун 20-жылдыгына карата «20 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-1945гг.», деген медалдары менен сыйланган.

    Атамдын согушка кеткен жылдарын апам төмөндөгүлөрдү айтып эскерип калчу. «Атаңар мектепте мугалим болуп иштеп, биз Нарында жашап турганда, согуш башталды. 1942-жылы март айында атаңар согушка кетти. Нарында март айында деле абдан суук болот эмеспи. Мен беш айлык кичине балам менен кантип жалгыз калам. Ага-туугандардын, ата-энемдин жанына барайын деп, майда барат буюмдарымды алып, кичине баламды көтөрүп, арабаларга түшүп, жол тозуп Ак-Дөбөгө араң жеткемин. Баламды энеме калтырып, талаада иштеп эл менен бирге согуш жылдарындагы оор күндөрдү башымдан өткөргөм» - дечү.

    Атабыз согуштан келери менен эле жоопту жетекчилик кызматтарда иштей баштаган. 1947-1950-жж. Ысык-Көл областындагы Покровка районунда МТСтин директору болуп иштейт (с.Покровка), 1950-1952-жж. Ысык-Көл райкомунун 1-секретары (с.Ананьево), 1952-1956-жж. Жети-Өгүз районунда заврайоно (с.Жети-Өгүз) болуп иштеген. 1953-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргызстан КП БК-нын алдындагы республикалык партиялык мектебинин курсун окуган. 1956-жылы Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө мектебинде директор болуп иштейт. Ошол убакта, Ысык-Көл колхозунда кой чарбасынын башчысы соттолуп, түрмөгө түшүп, мал чарбасы абдан жаман абалда эле. Чарбаны оңдоо максатында, райкомдун тапшырмасы боюнча, Ысык-Көл колхозунун кой чарба фермасынын башчысы болуп 1957-жылы дайындалат да, 1960-жылга чейин иштейт. Атамдын кандай отчет жазып отургандары менин көз алдымда. Токту, борук, соолук кой, ирик, кириш-чыгыш деп, малдарды тактап, классификациялап, адегенде чабандардын короосу боюнча эсептеп, анан колхоз боюнча санын чыгарып жазып отургандары эсимде. Кандай кызмат болбосун, баардык жерде жоопкерчиликти, чынчылдыкты, адамкерчиликти жогору коюп иштегендигин түшүндум. Ошентип, мал чарбасынын ишиш, өзгөчө учет маселелерин, системага салып, жакшы жолго коюп берип, кайра билим берүү тармагына келген. 1960-1967-жж. Ак-Дөбө мектебинин директору, анан «жаштарга орун бериш керек», - деп өзү завуч болуп иштеп жүрүп, «Персоналдык пенсияга» чыккан. Ардактуу эс алууга чыкса да, мектебин таштабай, жөнөкөй мугалим болуп иштеп жүрдү.

    Атамды, «ички сезими терең, акыйкатчыл, чынчыл, ар ишке так, дыкан, түз жүргөн, жогорку маданияттуу, кадыр-барктуу кызматкер эле. Өзгөчө партиялык, чарбалык кызматтарда иштеп жүргөнүндө калыстыгы, айрыкча, чындыкты бетке айткан, чынчылдыгы, адамдын ички дүйнөсүн так билген, эл жөнүндө көп жакшылыктарды, жакшы тилектерди каалаган элдин кадырман адамы эле» - деп эскеришчү замандаштары.

    Атам мектептеги тартип, тазалыкты жана көрсөтмө куралдарды пайдаланып, окуу методикаларынын так аткарылышын катуу талап кылар эле. Ошондой эле, ата-энелердин да балдарына көп көңүл бөлүүсүн жана алар менен үйдө иштешин талап кылчу. Бир жылы кыш суук болуп кар калың жаады, атам биздин көчөдөгү ата-энелерди ойготуп «тургула, үйүңөрдөн мектепке чейин жол салып, карды күрөгүлө, балдардын буту суу болуп, үшүп, ооруп калышы мүмкүн» - деп кар күрөшүп, мектепке чейин жол салышканы эсимде. Ал убакта класстарды бирден контрамарка меши жылытчу эле. Ошондуктан балдардын жылуу жүрүшүнө өтө кам көрчү. Ошондой эле мектептин жанындагы чоң арыктагы көпүрөнү оңдоп турар эле. Анткени чоң машиналар өтүп көпүрө тез-тез эле бузулуп калчу. Ошол көпүрөдөн өтүп, окуучулардын мектепке келиши атамды абдан тынчсыздандырчу.

    Атам менен чогу иштешип калган, азыркы учурда ардактуу эс алууда жүргөн Орозов Дердеш атамды төмөндөгүдөй эскерет, «Бапа агабыздын педагогикалык тажрыйбасы, окутуу-тарбиялоо ыкмасы өзгөчөлөнүп турар эле. Мугалимдер коллективинде, окуучулар арасында чоң баркка ээ болуп тургандыктан, Окуучулардын билими чыңдалып турчу. Кургак насаат айтуунун ордуна, адам өзүнүн жүрүш-турушу менен, жасаган иши менен үлгү болушу керек дечү. Бир күнү катуу жаан жаап, жер баткак болуп турган эле. Сабакка шашып кирип бара жатсам, мени токтотуп, «баткак жабышкан бут кийим менен кандай класска кирүүгө болот» - деди. Мен уялып, агайдын бутун карадым. Хром өтүгү тим эле жылтырайт. Уялганымдан, «сиз кандай басып келгенсиз» - дептирмин. Агайдын дыкан жана тазалыгы жанда жок эле. Кээде үйүнө барып калганыбызда, балдарынын бут кийимдери таза, улуусуна карата верандада тизилип турар эле. Ээ, Бапаке, булар эмне солдаттардай тизилишет десем, «балдар кичинесинен баштап ушундай тартип жана сарамжалдыкты үйрөнүшү керек», - дечү. Ага-тууган, айылдаштар маселелерин туура бетине айтып, акыйкатчыл, чынчыл мүнөзү менен туура чечеер эле. Бирөөлөр үй салып, бүтө албай жүрүп бүтүрсө, «өх өзүмдүкү бүткөндөй болбодумбу, абдан кейип жүрдүм эле» - деп айтканы бар. Деги эле Бапакемдей адамдын ички дүйнөсүн так билген, сырткы дүйнөнүн ысык-суугун, ачуу-таттуусун ыраактан тааныган, чынчыл, жогорку маданияттуу, өрнөк боло алган инсандар элибизде көп болсо деп тилейм», - дейт Дердеш Орозов.

    Атабыз ошондой эле үйдө дагы бизди, адамкерчиликтүү, адептүү боорукер, адилет-чынчыл болууга, таза-дыкан жүрүүгө, жакшы окуп, билимдүү болууга көп китеп окуп, ички дүйнөнү байытып көптү билүүгө, эмгекчил болууга үйрөттү. Атам баарыбыздын класстан тышкары окуу программасына тиешелүү адабий китептердин баарын сатып келип, китеп койгон этажеркага толтура тизип коер эле да, биздин окуп отурганыбызды көрүп, бизди кубаттап койчу. Өзү дагы кечинде далайга чейин план-программаларын жазып окуучулардын дептерлерин текшерип, китеп окуп отурар эле. Көптөгөн газета, журналдарга жазылып алардын баарын окуп чыкмайынча тынчу эмес. Бизге, эртели-кеч чогулушуп калган кошуналарга, айылдаштарына болуп жаткан жаңылыктарды айтып берер эле.

    Апабыз, Исаева Канымжан, жаны тынбаган, таза, ирети менен үй оокатын жасаган мээнеткеч, акылдуу адам эле. Түймө түйүп, сокмо согуп, кийим тигип, иштүү эле. Ошол кезде голифе шым, китель костюм мода боло турган. Атама ошондой костюмду, кадимки фабрикадан чыккандай кылып тигип берип, атам ордендерин тагып алып, көпкө кийип жүрдү. Андай голифе шым костюмду тигип берүүсүн суранып келген айылдаштарына да тигип берчү. Кыз кишиге мындай кол өнөрчүлүктүн керек экендигин айтып, бизге да үйрөттү. Ошону менен бирге, апабыз дагы көп жылдар бою колхоздун бала-бакчасынын башчысы болуп иштеп, балдарды тарбиялоого өз салымын кошуп келген.

    Биз бир үйдө 8 бир тууган ата-энебиздин мээримине бөлөнүп, жокчулукту сезбей, бактылуу балалыкта чоңойдук. Баарыбыз жогорку окуу жайын бүтүрүп, керектүү кесипке ээ болуп чыктык. Ата-энебиздин 23 небереси, 40 чөбөрөсү, 3 кыбырасы болду. Азыркы учурда көпчүлүгүбүз Бишкек шаарында жашайбыз. Бирөө Ысык-Көл облустундагы Каракол шаарында, эки бир тууганыбыз Ак-Дөбө айлында турушат, 3 небере Канада өлкөсүндө үй-бүлөлөрү менен жашап иштешет.

    Бала кезибизде ата-энебиздин аты менен, бизге берип жаткан тарбия-таалими менен, ар нерсеге үйрөткөн шыгыбыз менен, окууда алдыңкылардан болуп окуган жөндөмдүүлүгүбүз менен сыймыктанчубуз. «Бапакемдин кыздары» деп биз жөнүндө айтышкан сөздөр, бизди ого бетер шыктандыргандай болчу. Ошол кезде электрификация плюс химизация деген ураан жашай баштаган убак эле. Атам, химия азыр абдан керек деп, мени Москва шаарындагы Менделеев атындагы химия-технология институтуна окууга жиберди. Мен аталган институтту 1970-жылы бүтүп келип, Кыргыз Илимдер Академиясынын органикалык химия институтунда илимий кызматкер болуп эмгектендим. Жолдошум Догдуров Шамиль Кыргыз Улуттук университетиндеги химия факультетинде профессор, кафедра башчысы болуп иштеп турганында каза болуп калды. Биз дагы 3 кызыбызга жакшы тарбия, татыктуу билим берүүгө аракет кылдык. Үчөө тең 3 тилде сүйлөгөн адис болуп чыгышып, чет мамлекеттер менен биргелешкен компанияларда иштеп жатышат. Казакеев Абакун жездем менен Дарыйка эжем экөө тең, ушул эле университетинде, жездем политэкономия кафедрасында профессор кафедра башчысы, эжем болсо математика мугалими болуп иштешти. Андан кийин жездем Каракол шаарындагы Москвалык университетинде декан болуп иштеп турган кезинде каза болуп калды. Эжем болсо азыр деле Улуттук университетинде мтематика сабагын берип иштеп жүрөт. Алардын кичүү уулу Акыл милициянын полковниги. МВД системасында ар-кайсы жетекчи кызматтарда иштеп келүүдө.

    Ата-эненин кадыр-баркын, өзгөчө, өзүң бала-бакыралуу болгондо билет экенсиң. Алардын бизге берген тарбиясы, билим алып кесипке ээ болуп, инсан катары калыптанышыбызга жасаган аракеттери, эмгектери зор экенин баалайт экенсиң.

    Атам советтиик, партиялык кызматтарда, эл агартуу тармагында иштеп жүргөндүгүнөн коммунисттик идеяны катуу сактаган ички дүйнөсү таза, өтө чынчыл адам эле. Кээде «биз өзүбүздүн партячейкабызда сүйлөштүк» - деп уул-келини жана өзү болуп үчөө экенин айтып, «сен партияда мүчө эмессиң да, сага биздин кеңешмеге катышууга болбойт» - деп апамды тамашалап калчу. Атам уул-келининин компартияга мүчө болгондуктары менен сыймыктанып, жаштардын өсүп, такшалып жооптуу иштерге тартылуусуна дайыма тилектеш экендигин айтчу.

    Уулу Дамир Ысык-Көл колхозунда экономист болуп иштеп, андан кийин колхоздун профсоюз уюмунун председатели болуп иштеп жүргөн кезинде каза болуп калды. Келини Гүлбүбү өзү иштеген мектебинде математика сабагынан мугалим болуп иштейт. Атам келинин мактап, «абдан тың, жөндөмдүү, сабагын жакшы өткөрөт, коллективде көзгө көрүнүп келе жатат. Өсүшүнө шарт түзүш керек, үй-оокатына жардамдашкыла», - деп апама, уулуна, сиңдилериме дайыма айтчу. Атам айткандай эле, атамдын жолун жолдоп Гүлбүбү кийин мектепке директор болуп дайындалат. «Мектептин имараты эскирди, жаңы мектепти курдуруш керек», - деп айтып жүргөн атамдын сөздөрү эсинде болду окшойт, Гүлбүбү директор болуп иштей баштаганда эле мектеп курдурууга киришет. Районго, областка барып жүрүп азыркы балдар окуп жаткан мектепти Гүлбүбү салдырды. Апам неберелерин өзү карап, үй-оокатына кол кабыш кылып, «баштаган ишти тезирээк аягына чыгар», - деп келинине абдан чоң жардам берди.

    Иним улуу кызын турмушка берип бир неберелүү болгондо, уулун Турциядан окутуп, бүтөрүнө аз калганда кайтыш болду. 3 уул 4 кызын Гүлбүбү өзү чоңойтту. Балдары, баары тең жогорку окуу жайларын бүтүрүшүп, иштеп өзүлөрү ата-эне болуп отурушат. Улуу күйө баласы генерал-майор болду. Балдарынын ушундай жетишкендиктерин көрөрдө келинибиз Гүлбүбүнүн да көзү өткөнүнө эки жыл болду. Дагы бир армандуу нерсе, экинчи сиңдим 30 жаш кезинде Скрябин атындагы айыл чарба институтунда математика сабагынан мугалим болуп иштеп жүргөн кезинде каза болуп калган. Артында эки уулу калды эле, азыр алар дагы жогорку билимдүү болушуп, иштешип өзүлөрү ата болушуп, үй-бүлөөлү болушту. Жаманчылыкты жакшылыктар жеңет дейт эмеспи. Биз, баарыбыздын бала бакыларыбыздын жетишкен ийгиликтерине кубанып, алардын ден соолуктарын, аманчылыгын, дагы көп ийгиликтерге ээ болууларын тилеп, бизди бири-бирибизге эриш-аркак тарбиялап өстүргөн ата- энебизге ыраазы болуп, ынтымактуу чоң үй-бүлө болуп жүрөбүз.

    Биздин өзүбүздүн бала кезибизди эстесем, атабыз бизди жакшы эле эркелетчү эле. Оюбуз менен болуп, ар түрдүү оюнчуктарды сатып келип берчү. Эң биринчилерден болуп эжем эки доңгөлөктүү велосипед тээп жүрдү. Кийнчерээк мага үч дөңгөлөктүү велосипед сатып берген. Бирок биз өтө ыгы жок эле эркелеп кеткен жокпуз. Баарыбыз тең жакшы окуп, эмгекчил болдук. Анын жөнү болду окшойт. Атамдын кызматына байланыштуу, биз ар кайсы жерде жашап жүрүп, Ак-Дөбөгө көчүп келген жылдар эсемде. Айылда эмнегедир бак-дарак аз эле. Атам «бак отургузуш керек», - деп, Чырак деген айылдан араба менен көп талдарды алып келди. Аларды бөлүктөргө бөлүп кесип, огородду бойлото орургузду. Дагы Покровкадан алма, өрүктүн көчөттөрүн алып келип отургузду. Биздин көчөдө арык жок экен, ошондуктан биз кичине чака, битондор менен чоң арыктан суу ташып, көчөттөргө куюп жүрдүк. Кийин атам арык чаап, кийин арык менен сугарыла баштады. 2-3 жылда дүркүрөгөн бактар болуп өстү. Бул бактарга биздин да тиешебиз болду дегендей абдан кубанып жүрдүк. Атам ал бактарды бир өзгөчө ыкма менен бутап, бактар суналып түз болуп өсчү. «Түз болуп өссө, бул бактар ар нерсеге жарай алат» - дечу. Ошентип, айылдаштар «чалгыга сап, айрыга сап, күрөккө сап, кетменге сап бересизби» - деп келе баштады. Атам аларды тамашалап «силер канча жылдан бери жашайсыңар бул жерде, мен канча жылдан бери жашап жатам» - деп калчу. Бирок сурагандарга бериш керек, жумуштарын бүткөрүп алышсын дечү. Ал тургай суналган түз бактарды кесип аарчып, кургатып, даярдап, «сурагандарга бергиле» - деп тизип коер эле. Туугандарына «үйдөгү бактан кесип алып огородуңарды курчап туруп, бак өстүргүлө» - деп алар жөнүндө да кам көрчү. Кийинчерээк элдин баарында бактар өсө баштады. Алардын баарына менин атам үлгү болду деп ойлойм.

    Атам үйдө, огороддо бир нерсе жасап жатканда дайыма баарыбызды ээрчитип алып «муну эмне үчүн мындай жасап жатабыз, кандай деп ойлойсуңар» - деп сурачу. Биз билгенибизче айтып берсек «туура, бирок мунусу да бар» - деп толуктап, биздин ой жүгүртүү сезимибизди өстүрчү экен. «Жасап жаткан иштин максатын жана жыйынтыгын салыштырыш керек» - дечү. Азыр эстесем мындай ыкманы мектептеги балдар менен сүйлөшкөндө да колдончу экен. Атам өзү Каракол шаарына барган сайын улам ар бирибизди кошо ээрчите барчу эле. Шаарды аралатып, эки жакты көрсөтүп, балмуздак сатып берип, каалаганыбыздай кылар эле. Көрсө айылдын турмушунан башка дагы шаар жерин көрүшсүн дечү экен.

    Көчөнүн биз жашаган тарабы колхоздун талаа аянты менен чектеш эле. Ошол убакта колхоздун мүчөлөрүнө 30 сотых, а мугалимдерге андан аз жер тийешелүү болчу. Элдер чек араларын бөлүп, кашаа кармап жаткан учурда, колхоз иштетүүгө эч мүмкүн болбогон бир аз жер биздин огороддун башында эле. «Ошол жерди сиз кошо кашаалап албайсызбы, биздики менен эле улай дешсе» - кошуналары, «уят эмеспи, колхоздун жерин кантип кошуп алууга болот, андай кылууга жарабайт» - деп атам аларды уяткаргандыгы эсимде. Дагы бир нерсе эсиме түштү. Ошол убакта колхоз апийим өстүрүп, жыйноо учурунда көп кол керек деп мугалимдерди, жайкы эс алуу учурунда иштөөгө чакырчу. Атам мага «кызым 6-7 сап апийим участкасын биз дагы бөлдүрүп алып, кесип, жыйнашыбыз керек, өзүм иштебей туруп кантип мугалимдерди баргыла деп айтам» - деди. Ошентип мен 8-класска чейин атам экөөбүз апийим кесип-кырууга катышып жүрдүк. Иштеп жатып атам көп окуяларды айтып берер эле. Ошол эле убакта ар нерсе жөнүндө улам менин оюмду сурап турчу. Жаныбыздагы иштеп жаткандар «эмнелерди эле сүйлөшөсүңөр, сөзүңөр бүтпөйт» - дешчу. А биз жумушубуздун аягына кандай чыкканыбызды билбей калчубуз. Үйгө келгенде сүйлөшкөндөрүбүздү бөбөктөрүмө айтып берчүмүн.

    Ушулардан улам атамдын баскан турганынан тартып, сүйлөгөн сөздөрү, жасаган иштери, деги эле жашаган жашоосунун бардыгы тарбия жана өрнөк болгондугун баса белгилегим келет.

    Азыркы учурда алдым-жуттумдуулук көбөйүп, өлкөбүздө талап-тоноочулук орун алып, адамдын ички дүйнөсүнүн тазалыгы деген түшүнүк азайып бараткансыйт. «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот» - демекчи, атам сыяктуу ички дүйнөсү таза, чынчыл, түз жүргөн жалпы адамзаттык асыл сапаттарга ээ болгон адамдар көп болсо деп тилейм.

    Экинчи кызы – Мокеева Бурул Бапаевна. 2016-ж.


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ