ТЫНЫБЕКОВ   ЭШЕН
Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы. Бешбала.
(1923-1992)

    Тыныбеков Эшен 1923-жылы 20-октябрьда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айлында төрөлгөн. Бул айыл Балыкчы – Каракол автожолунан Ысык-Көлдү карай алты чакырымда, же болбосо областтын борбору Караколдон 25 чакырым аралыкта көлдүн жээгинде жайгашкан.

    Он бир туугандын ичинен, Эшен үчүнчү болуп жарык дүйнөгө келген. Мурда Ак-Дөбө айлында башталгыч эле мектеби болгондуктан, орто мектепти, беш чакырым аралыкта турган Ан-Өстөн айлына, башка балдар менен бирге, жайы-кышы менен жөө барып келип жүрүп бүтүргөн.Бир туугандардын арасынан, Улуу Ата Мекендик согуш убагында Кызыл Армиянын катарына үчөө, тактап айтканда, Кудаш, Шеке, Эшен чакырылган. Баскынчылар менен болгон согушта, бул үчөө ар кайсы фронттордо, Кызыл Армиянын катарында катышышкан. Согуш бүткөндөн кийин, туулуп өскөн айлына Эшен гана аман-эсен кайтып келген.

    Кийин, архивдик маалыматтарга (ЦАМО, Центральный Архив Министерства обороны России) караганда, Кудаш согушту Дон суусунун жээгинде Сталинград шаарынын аймагында, Калачинский районуна караштуу Голубинская деген кыштакта баштаган. Бир мезгилде, тагыраак айтканда, 1945-жылдын жаз айларында Венгриянын Надьканижа деген шаарынын аймагында, фашистик баскынчылар менен болгон катуу урушка, 3 Украина фронтунун 274 ГАНП РГКнын катарында катышкан, телефонист болгон. Бул урушта көрсөткөн эрдиги үчүн Кудаш «За отвагу» деген медаль менен сыйланган. Приказдан үзүндү, «...Телефонист батареи рядовой Тыныбеков Кудаш в бою за западную часть города Надьканижа 1 апреля 1945 года вброд форсировал канал Принцин-Алис, под пулеметно-минометным огнем противника установил телефонную связь с НП командира батареи и устранил 4 порыва на линии связи, чем обеспечил бесперебойное ведение огня.

    В результате огнем батареи было уничтожен: пулемет, подавлен огонь минбатареи и бронетранспортер противника...» Мындан башка маалымат болгон эмес.

    Ал эми улуу агасы Шеке болсо, барганда эле катуу кыргынга түшүп калса керек, дайынсыз жоголгон. Шеке жаш кезинде өтө тың, шамдагай болгон экен. 1930-жылдары өспүрүм кезинде Ак-Дөбөдө жашап, кийин Тюп районуна караштуу Михайловка айлында жашаган Окенов Билалынын эскерүүсү: «Биз, Эшен экөөбүз 5-7 класстарда окуп жүргөн мезгил болсо керек, ошол кезде Шекенин ат үстүндө катуу баратып, аттан түшөө калып кайра мингендери, ат үстүндө кылыч ойноткондору жаштардын баарын кызыктырчу».

    Тыныбеков Эшен 1940-42-жж Жети-Өгүз райком комсомолунда пионерлер бөлүмүн жетектеген. А 1942-жылдын 9-мартында Жети-Өгүз райвоенкомат аркылуу Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Россиянын Краснодар шаарынын аймагында аскердик кызматты өтөп баштаган.

    Гвардиячы Кызыл аскер Тыныбеков Эшендин согуштук жолу Россиянын Краснодар – Керчь – Киев – Брест – Калининград шаарларынан өткөн. Көптөгөн согуштук майдандардын биринде, тактап айтканда 1945-жылдын 2-мартында бутунан жарадар болуп, №96215 Эвакуациялык госпитальга түшкөн. Андан айыгып чыгып, Кызыл Аскерлеринин катарында баскынчылар менен согушуп отуруп жеңишти Россиянын Калининград шаарынын аймагында тозуп алган.

    Каргашалуу согуш жөнүндө кээде гана айтып калаар эле. Согуш учурунда башынан кандай гана кыйынчылыктар өткөнүн, баарынан дагы жанында жүргөндөрдүн канчасы согуш талааларында калгандарын эстегенде бушайман болуп калчу эле.

    Архивдик материалдардын негизинде,Тыныбеков Эшен Улуу Ата-мекендик согушта Белорус фронтунун 28-чи Армиясынын 55-чи аткычтар дивизиясынын 168-чи гвардиялык Кызыл желектүү аткычтар полкунун 9-чу ротасында аткычтардын катарында аскердик кызмат өтөгөн.

    Согуш убагында, баскынчылар менен болгон конкреттүү кармашуулардын жыйынтыктарынын негизинде 3-чү даражадагы «Слава» ордени жана «За отвагу», «За боевые заслуги», «За победу над германией» деген медалдары менен сыйланган.

    Архивдик материалдардан:

    Данные Центрального архива Министерства обороны России (ЦАМО)

    Награждения Тыныбекова Эшена стрелка 9 стрелковой роты 168 гвардейского стрелкового краснознаменного полка 55 стрелковой дивизии по результатам конкретных боевых действий:

    Медаль «За отвагу»

    Приказ подразделения: № 04/н, от 17.02.1944г.
    Издан: 168 гв. стрелк.полку, 55 гв. стрелк.дивизии, 28 Армии
    Командир: гв.подполковник Белкин
    Архив: ЦАМО Фонд: 33 Опись: 690155 Ед.хранения: 5426
    № записи: 33487367

    Медаль «За боевые заслуги»

    Приказ подразделения: № 017/н, от 03.07.1944г.
    Издан: по 168 гв. стрелк.полку 55 гв. стрелк.дивизии 28 Армии
    Командир: гв.подполковник Белкин
    Архив: ЦАМО Фонд: 33 Опись: 69015 Ед.хранения: 5426 № записи: 33487367

    Орден «Слава» III степени

    Приказ подразделения: № 078/н, от 19.09.1944г.
    Издан: по 55 гвардейской стрелковой дивизии
    Командир: Герой Советского Союза, гвардии генерал-майор А.П.Турчинский
    Архив: ЦАМО Фонд: 33 Опись: 690155 Ед.хранения: 7387 № записи: 35147387

    Выдержка из Наградного листа представления к ордену “Слава”.

    Краткое конкретное изложение личного боевого подвига.
    25 июля 1944 г. в районе с.Козловичи скрытно подобрался к пулемету противника и гранатой уничтожил его вместе с расчетом. В этот же день обнаружил на поле боя тяжело раненого командира взвода лейтенанта Чертыхина, оказал ему необходимую помощь и вынес из под огня противника.
    На перекрестке шоссейных дорог западнее города Бреста 28 июля 1944 г., участвуя в отражении многочисленных контратак противника уничтожил пулемет противника, 7 солдат, 1 офицера и 4 гитлеровцев взял в плен.
    Личным примером мужества и отваги вовлекал бойцов на героические подвиги.

    Достоин правительственной награды орден «СЛАВА» 3 степени.

    Командир 168 гв.стрелкового полка

    Гвардии подполковник       подпись       /Белкин/

    « 8 »    сентября    1944 г.

    Согуштан кийин, 1945-47-жж Приволжский военный округдагы Тамбовдук пулеметтук училищеде курсант, кийин 6-чы гвардиялык аткычтар бригадасынын 9-чу гвардиялык мотоштурмалоочу инженердик батальондо сапер болгон.

    Кызыл Армиянын катарынан демобилизация болуп 1947-жылы айлына кайтып келген.

    Бул каргашалуу согушка, Эшендин күйө баласы Бараканов Акун (бир тууган карындашы Тукаштын күйөсү) дагы катышкан. Жогоруда көрсөтүлгөн архивдик маалыматтарга караганда, бир мезгилде Акун Кудаш менен бирге, 3 Украина фронтунун 274 ГАНП РГКнын катарында, гаубицалык артиллериялык батареянын командири болуп катышкан. Согуш бүткөндөн кийин, бир нече орден, медалдар менен Ак-Дөбө айлына аман-эсен кайтып келип, көп жылдар бою колхоздун башкармасы болуп кызмат өтөгөн.

    Дагы бир өзгөчө белгилеп кете турганыбыз, жакын агаларынын бири Мокеев Бапа болгон (Моке менен Тыныбек бир тууган). Бул агасы, бир туугандардын эле эмес, бүт айылдын жашоочуларына, билими, ички сезими терең, акыйкатчыл, чынчыл, ар ишке так, дыкан, түз жүргөн, жогорку маданияттуу адам катары үлгү болгон экен.

    Согуш мезгилинде, Ленинград шаарындагы Аскер Академиясында тогуз айлык саясий кызматкерлердин курсунан өтүп, 1-чи Белорус фронтунун 61-чи Армиясынын, Кызыл желектүү Мозыр дивизиясына караштуу, 1323-чү Пинск аткычтар полкунун 2-чи аткычтар батальонунун саясий жактан командирдин орун басары катары катышкан.

    Согуш майданы учурунда, батальондун өздүк курамындагы офицерлер жана солдаттар арасында саясий жактан мыкты тарбиялоосунун, коммунист-жоокерлерге жана агитаторлорго билгичтик менен жол көрсөтүүнүн жана өзүнүн эр-жүрөктүүлүгүнүн негизинде көптөгөн жеңиштерге жетип турушкан. Жеңиштерге жеткендиктеринин натыйжасында, Мокеев Бапа «Кызыл жылдыз», I жана II даражадагы «Ата-мекендик согуш» ордендери жан көптөгөн медардар менен сыйланып Ак-Дөбө айлына аман-эсен кайтып келген.

    Согуштан кийин ар кайсы жетекчилик кызматтарда иштеген. Анын ичинде, Ананьево РК КПсында биринчи катчы, Жети-Өгүз районунун Элге Билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

    Тыныбеков Эшен аскер кызматын өтөп бүткөндөн кийин, 1947-49-жж Жети-Өгүз районунун Оргочор айлында орто мектепте мугалим болуп иштеген.

    Ал эми 1949-жылдан 1951-жылга дейре СССРдын НКГБнын (МГБ) алдындагы Могилев мектебинде (Могилев ш., Белорусия) курсант болгон. Бул мектепти бүткөндөн кийин, 1951-жылдан 1957-жылга дейре СССР Совминдин алдындагы КГБнын Ысык-Көл областы боюнча УКГБда оперуполномоченный болуп кызмат өтөгөн (Каракол ш., Ысык-Көл областы).

    Кийин 1957-жылдан 1983-жылга дейре (СССР боюнча КГБнын штаттарында кыскартуулар болгон кезде) Ысык-Көл областынын Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө ар кайсы кызматтарда иштеген.

    Ички иштер бөлүмдөрүндө чогу иштегендердин эскерүүлөрүнөн, Өмүрбаев К.: «Бир жолу Эшен байке обедден жумушка баратса, Боконбаев айлынын борборунда, төрт жаш милиционерлер, кичине «ичип» коюп чатак чыгарган кишини машинага салаалбай жатышыптыр. Кичирээк келген, тың капитан байке келип зөөкүрдү чыканактан алганда, ал кишинин көзүнөн от чагылды окшойт, кыймылдабай, «Байке өзүм кирем» - деп, машинага кирип кеткен. А биз кийин түшүндүк, ал ыкма байкебиз КГБнын мектебинен үйрөнгөн ыкмалардын бири экенин».

    Көп жылдар бою Тоң РОВДсында иштеген мезгиде, дайыма жаштар үчүн устат болуп келген жана коллегаларынын арасында гана эмес, көптөгөн айылдаштарынын арасында да сый-урматка ээ болгон.

    Тыныбеков Эшендин жубайы Упанова Токтобүбү, Түп районуна караштуу Талды-Суу айлынан, айтылуу Хан Толубайдын тукумунан болгон. Ал кишинин атасы Упан дагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан экен. Согуш убагында анда санда кат келип туруп, бирок согуш аяктап калган кезде, «дайынсыз» деген кабар келген экен.

    Экөөнүн чогу жашаган мезгилинде, беш бала жана эки кыздуу болушуп, көптөгөн небере, чөбөрөлуу болушкан. «Армия эркек баланы бышырат жана тартипке көндүрөт» - деп, балдарынын бешөөнү тең Аскер кызматына жөнөткөн, алар СССРдин чыгышындагы Камчаткадан баштап батышына дейре, ар түрдүү Аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп келишкен. Кийин, алардын ичинен экөө жана бир тууган кичүү иниси Асан Эшендин жолун жолдоп ички иштер кызматында иштешти, а бир небереси чоң атасынын жолун жолдоп Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Кызматында кызмат өтөөдө. А кыздары болсо, экөө тең жогорку билим алышып, улуусу банк системасында, кичүүсү жогорку окуу жайларынын биринде кафедра башчысы болуп кызмат өтөп атышат.

    Балдарын тарбиялоодо, чынчылдыкка, тартипке, башкысы тактыкка жана ички дүйнө менен айлана-чөйрөнүн тазалыгына туура мамиле кылууга үндөөчү эле.

    Азыркы мезгилде, ар биринин бала-бакырасы, неберелери бар. Неберелеринин кээ бирлери Россиянын, Американын жарандыгын алышып, ошол жактарда жашап иштөөдө. Алардын ичинен айрым неберелери Россиянын Сахалининде, Томскиде, Москвада.

    Небере-чөбөрөлөрдүн баары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу-жеңүүчүсу Эшен чоң атасы менен сыймыктанышат, ал эле эмес кээ бирлери сыймыктануу менен чоң атасынын фамилиясын алып жүрүшүүдө.

    Тыныбеков Эшен, 1992-жылы катуу оорудан кийин каза болуп, өзүнүн туулуп-өскөн Ак-Дөбө айылында жерге берилген.

    2018-жыл.


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ