М  А  З  М  У  Н  У
  • Багыш уруусу

  • Адигине уруусу

  • Азык уруусу

  • Черик уруусу

  • Муңгуш (Монгош) уруусу

  • Саяк уруусу

  • Карачоро (Суурурун) уруусу

  • Солто уруусу

  • Бугу уруусу

  • Сарбагыш уруусу

  • Моңолдор уруусу

  • Коңурат уруусу

  • Катагандар

  • Төбөй уруусу

  • Сол канат

  • Кушчу уруусу

  • Саруу уруусу

  • Басыз уруусу

  • Кытай уруусу

  • Мундуз уруусу

  • Чоң багыш уруусу

  • Кара багыш уруусу

  • Жедигер уруусу

  • Нойгут уруусу

  • Ичкилик кыргыздар

  • Кыпчак уруусу

  • Найман уруусу

  • Кесек уруусу

  • Бостон уруусу

  • Тейит уруусу

  • Дөөлөс уруусу

  • Канды (Кантлы, Канклы) уруусу

  • Ават уруусу

  • Оргу уруусу

  • Сөз аягы ордуна

  • С Х Е М А Л А Р Д Ы Н      Т И З М Е С И
    уруулардын генеалогиялык таблицалары
  • ЧЕРИК

  • МУҢГУШ
  • Муңгуш Коштамга

  • САЯК
  • Саяк Түгөл
  • Саяк Чоро
  • Саяк Кулжыгач
  • Саяк Курманкожо
  • Саяк Каба
  • Саяк Мангыт
  • Саяк Молдо

  • СОЛТО
  • Солто Эшкожо, Канай

  • БУГУ

  • САРБАГЫШ
  • Сарбагыш Тынай, Темир, Болот

  • МОҢОЛДОР
  • Моңолдор Богонок
  • Моңолдор Бакы
  • Моңолдор Меңдуулат

  • КОНУРАТ

  • ТӨБӨЙ

  • КУШЧУ

  • САРУУ Менди
  • Саруу Мураталы
  • Саруу Төңтөрт
  • Саруу Көчпөс
  • Саруу Кырк уул

  • БАСЫЗ

  • КЫТАЙ

  • МУНДУЗ

  • КАРАБАГЫШ

  • ЖЕДИГЕР

  • НОЙГУТ

  • ИЧКИЛИК

  • КЫПЧАК

  • НАЙМАН

  • КЕСЕК

  • БОСТОН

  • ТЕЙИТ

  • ДӨӨЛӨС

  • КАҢДЫ

  • АВАТ

    •           * Бул китеп – түрк нааманын атасы, Хиванын ханы Абулгазинин «Түркмөн шежереси», молдо Сайф ад-дин Аксикентинин «Маджму ат-Таварих», В.В.Радлов, В.В.Бартольд, О.Сыдыков, Үсөн Ажы, Н.А.Аристов сыяктуу окумуштуулардын эмгектерине жана С.М.Абрамзондун, В.Винниковдун жыйнаган жана жарыялаган материалдарына таянып, жазылган эмгек. Анын автору С.Аттокуров болгону менен санжыранын негизги автору эл. Бул санжыраны сыдыргыга салгандай кынтыксыз, төрт тарабы төп келген деп айтуудан алыспыз. Ошондой болсо да кыргыз тарыхында биринчи жолу тарыхчы, этнограф илимпоздун эмгегинин жарыкка чыгышы көптөгөн «көбүртмө» санжырачылардын көзүн ачып, «өрдөк» учурмайларын өрт өчүргөндөй басат го деп ойлойбуз. Илимпоздун жалпы кыргыз этносунун пайда болуу, өнүгүү, жоголуу жолдорун илимий деңгээлдеги далилдер менен далилдөөгө болгон астейдил аракети китептин өзөгүн түзөт.




                          САНЖЫРА НААМА
                           (Баш сөз ордуна)                                                                                                           (Мазмунга)

           Адамдын укугун коргоо, жүздү инсанга буруу, өткөн окуяны туура баалоо «Кайра куруунун», демократиялык жолго түшүүнүн башаты болду. «Темир көшөгөдө, бир партиялуулук, таптык көз карашта жашагандар желеден бошогон тай сыяктуу оюн салып жарыша чуркап калдык. Бирөөлөр таң сүрө кайра нокто киемби? деп чочуласа, башкалар тынчтык беришпей даң салышты. Коммунисттик партия тарап, анын ордуна ондогон жаңы коомдор, агымдар, партиялар келип чыкты. Өткөн тарыхты актоо же каралоо өнөкөткө айланды. Анын биринчиси элибиздин Октябрь революциясына чейинки тарыхына тиешелүү болсо, экинчиси Кеңеш дооруна бап келди. Коммунисттик партиянын саясатын жамандоодо, өзгөчө мурунку «партократтар» айырмаланууда. Биринен бири өткөн демократтар бийлик үчүн, саясий капитал үчүн коомго дүрбөлөң салып, эрөөлгө чыга башташты. Бул идеологияны кучагына алды. 70 жылдык тарыхты кайра карап чыгуу анын өзөгү болду. Бул кыргыз жергесинде санжыраны жазуудан даана көрүнүүдө. Коммунисттик партиянын жер жердеги чиновниктери ага терс мамиле жасашканы, аны изилдеген окумуштууларды куугунтукка алганы барыга белгилүү. Санжыраны изилдөө «жабык тема» эле. Ал жөнүндөгү жазылган эмгектер «жашыруун, өтө жашыруун»,- деген ат менен кол жеткис, көз көргүс жайларда сакталып, же жок кылынып жиберилүүчү.
           Илимий-популярдык адабиятта бул термин Кыргыз Совет Энциклопедиясында толгон тоскоолду жеңип 1980-жылы жылы жарыяланды. Санжыра жөнүндөгү экинчи сөздү «Кыргызстан Маданияты» газетасы 1989-жылы 21-декабрде баштады. Анда санжыранын келип чыгышы, табияты, мааниси жана кыргыз кому менен үзөңгүлөш келе жаткан санжырачылар жөнүндө кыскача баяндама берилген. Ата-бабаларыбыз калтырып кеткен бай мурастын начар изилденгендиги, кагаз бетине түшкөн уруулардын санжырасы жеке адамдардын колунда болуп, көпчүлүк учурда жиксиз жок болуп жаткандыгы тууралу өкүнүчтүү мисалдар келтирилген. Бирок кыргыз урууларынын санжырасы (генеалогиясы, хронологиясы) санжырачылар менен кошо жок болуп кетпегендиги, аны жыйноонун жана жарыялоонун 100 жылдан ашкан тажрыйбасы бар экендиги, башкача айтканда колубуз куру эмес экендиги баса көрсөтүлгөн. Анткени орус, венгер, немей, англис окумуштуулары, ошондой эле жергиликтүү элдин алдыңкы өкүлдөрү революцияга чейин эле кыргыз таануу илимине чоң салым киргизишкен. Ал эми С.М.Абрамзон 1927-1957-жылдары арыбай-талыбай республикабыздын төрт бурчун түгөл кыдырып материал жыйнаган. 1953-1956-жылдары Кыргыз археология жана этнографиялык комплекстүү экспедициясынын этнография отрядынын мүчөлөрү, республиканын бардык райондорунда жана айылдарында болушуп, жыйынтыгын ошол экспедициянын беш томдон турган эмгектеринде жарыялаган. Алардын арасынан С.Абрамзон, Я.Винников, Е.Махованын макалаларын өзгөчө белгилөө керек. Андан соң КМУнун мугалимдери, студенттери 1969-1971-жылдары этнография боюнча практикалык экспедицияларда кыргыз айылдарын кыдырып чыгышты. Санжыра боюнча эбегейсиз зор материалдар жыйналды. Кыргыз урууларынын генеалогиялык таблицасы, картасы түзүлдү. Кыргыз элинин этнографиясы боюнча программа түзүлүп, дарс окула баштады.
           Мына ошол элибиздин тарыхы, эртеңи үчүн пайдалуу процесс кыргызстандын коммунисттик партиясынын катчыларынын, КГБнын жетекчилеринин тоталитардык кийлигишүүсү менен кан буугандай токтотулган. Кийин жыйналган материалдарды анализдеп, жыйынтыктоо мезгили келгенде, санжыранын баштоочулары, демилгечилери, чилдей таратылып, анан куугунтукка алынган. Массалык информация, мезгилдүү басма сөз аркылуу мурда болуп көрбөгөндөй айрөктөө, каралоо башталды. Дал ушул шартта этнографтардын, тарыхчылардын көңүл коштугу, оозуна суу толтуруп алып, калемдерин кагаз бетине чуркатпай, жер карап тек гана «Бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок», - деп өлүмүш болуп отургандары кокусунан болгон эмес. Ага «бөрк ал десе баш кескен», «төбөңдөн тийген Төрөбектер, жоболоңдуу Жоробектер» күнөлүү экендиги азыр жумурай журтка аттын кашкасындай маалим болду.
           Житкен окту аткан ок табат дегендей ушундай кысталыш кырдаалда санжыра жөнүндө биринчи кеп козголду. «Санжыра» деген жалпы теманын алдында мазмуну жана түрү жагынан бири биринен кескин айырмаланган, ар түрдүү, көп кырдуу макалаллар республикалык, облустук, райондук, коомдук-саясий газет, журналдарда жарыялана баштады, Кыргыз республикасынын мамлекеттик библиотекасыын улуттук библиографиясынын жана этнографтардын эсеби боюнча 1989-1993-жылдары (март айы) 300гө жакын кабар жарыяланган. Мунун өзү эмне менен түшүндүрүлөт? Баарыдан мурда ал көп пикирдүүлүктүн, басма сөз эркиндигинин жемишин, ар ким өз пикирин коркпой-үркпөй айта алуусунун натыйжасы. Чыгармачылык жана кызматчы интеллигенциябыздын оозуна салынган кемерди алгандай, же буу тешигин бургандай болду. А дегенде жалпы айтып кирдик, анны менен көп жылдар бекилип жаткан бук чыкты. Анан жазып кирдик. Санжыра айтуу, жазуу модага айланды. Эл жөнүндөгү «Информациялык ачкачылыкты» жоюу массанын колуна тийди. Бирок да жетекчиликтин жана авторлордун профессионалдык даярдыгынын жоктугу кыймылга стихиялуулукту, ар кырдуулукту берди. Бул информациялык ташкынга белгилүү багыт берүүдө «Ала-Тоо» журналынын коллективи, анын башкы редактору Кеңеш Жусупов алгылыктуу иш жасады. Анда элибиз жөнүндөгү материалдар жарыяланып, кийин «Кыргыздар» деген эки томдукту жарыкка чыгарды. Анда жарыяланган материалдарга айрым илмпоздордун кыскача ою же азыноолак комментарийи берилди. Бул айрым санжырачыларга жакан жок. Алар «цензурасыз» басма сөзгө кайрылышты. Бешиктен бели чыга элек газет-журналдар «санжыраларга» өз бетин толтурушту. Мына ошентип «Ата-тегиңди бил!» деген уран астында санжыра адабияты пайда болду. Анын арасында тарыхчылар жокко эсе. Бул эки жактуу түшүндүрүлөт. Биринчиден проблеманын татаалдыгы, оордугу, экинчиден, жоопкерчиликти толук сезгендиктери. Проблеманын оордугун анны түшүнгөндөр билишет. Ал эми анны кулак менен эшиткендерге ал жөнөкөй, жеңил сезилет. Маселенин экинчи жагы санжыра уруу, улут жөнүндө баяндайт. Ошол себептен ал тууралуу сөз баштоо, өзгөчө жумурай журтка багышталган, кылымдар бою сактала турган басма сөз бетинде баяндоо өтө жоопкерчиликтүү. Анын үстүнө «сүткө оозун күйдүргөн айранды үйлөп ичет» дегендей мурда жазалоочу органдардан көрбөгөндү көрүп калган тарыхчылар чынын айтсак, адегенде басма сөз эркиндигине анчалык ишене беришкен жок.
           Ушунун бары санжырага адабият, илимий жана башка жактарда анчалык ийгиликке жетише албагандарды, оңой жол менен абройго, атака ээ болууга аракеттенгендерди, ошондой эле өзүнүн уруусу жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана аны көтөрүүгө ынтызарларды өзүнө тартты. Санжыра биринчи илимий базар болду. Кара сөзгө, жөө жомокко жакын, тили жатык, сокур чымыны бар публицист менен жомокчунун ортосундагы кээ бир инсандар өзүлөрүнүн апасынан, атасынан, жада калса коңшусунан уккандарын жыйноо, анан анын аймагын кеңейтип, топтоп системага салган болуп жарыялай башташты. Анын чын жалганын текшерген, тактаган же уюм, же адам болбоду. Газет журналдарга «кызыктуу» материалдар керек болгондо санжырачылар өзүлөрүнүн «жаңы» чыгармаларын жарыялап турушту. Суроо-жооп айкашты. Ошентип кыргыз уруулары жөнүндө самандай сапырылган материалдар коомчулукка тартууланды. Саны көп. Ал эми сапатычы? Кеп мына ушунда.
           Санжыра тууралу уламыштарды жыйнагандарды темасы боюнча төмөнкү топторго бөлүүгө болот. Биринчи – мүлдө кыргыз санжырасын берүүгө далалат жасагандар. Экинчи – айрым уруунун, уруктун санжырасына кызыккандар, үчүнчү – тарыхта болгон жана болбогон инсандар жөнүндө баяндагандар, төртүнчү – саяпкерлер жана мүнүшкөрлөр, күлүк ат, алгыр бүркүт жөнүндөгү болумуштарды чогулткандар, бешинчи – эсепчилер жана элдик календарь менен кызыккандар. Азыркы күндө булар жаңыдан түптөлүүдө.
           Санжырага болгон мамилелерди негизинен экиге бөлсө болот. Биринчиси оозэки чыгарманын жанрларынын баарын аралаштырып жыйноочулар, жазуучулар. Булардын көпчүлүгү шилтеме берүүнү билишпейт, билсе да билмексен болушат. Илимий изилдөөнүн эрежесин оройлук менен бузуу менен бирге авторлукка толук талапкер. Экинчиси өзүлөрүн жыйноочу, жазып алуучу катарында карагандар. Алар санжыраны, болмушту кимден жазып алганын жашырышпайт. Ошол себептүү кемчилик да, жетишкендик да айткан адамга тиешелүү. Ишенүү, ишенбөө окуучунун, окумуштуунун иши.
           Санжыра улуттук рухий байлык, өзгөчө басма сөз аркылуу аңгеме куруу өтө опурталдуу. Анткени ал «учуп кетсе карматпай турган» ооз эки сөз эмес. Жазылган, басылган сөз. Анын окуучулары, изилдөөчүлөрү негизинен кийинки кылымдарга туура келет. Ошол себептүү аны бүгүнкү күндүн талабы менен кароого болбойт. Бүгүн биз ар бир санжырачынын ким экенин билебиз. Ал «информациялык ачкачылыктын» небереси. Публицистикалык, жарым публицистикалык, фольклордук көнүгүүлөр, алардын ичинде эскертүүлөр, көчүрүп алуулар да кездешет. Бирок 21-кылымдын окурмандары, изилдөөчүлөрү бизден айырмаланып иштин жайын билишпейт. Санжырачы деген наамды колхоздун башкармасынын колунан алган сыяктуу. Аларга кур дегенде газет-журналдын редакциясынын позициясы да белгисиз. Ошол себептүү алар үчүн басма сөз бетиндеги материалдар тарыхтын, этнографиянын бир булагы катары каралат. Ошондо биз, санжыра жөнүндө жазгандар, келечектин алдында жоопкербиз. Ушул мааниде элдик көркөм кол өнөрчүлүгүнүн тарыхын изилдеген А.Акматалиевдин «Санжыра жөнүндө кыскача ой» («Бишкек шамы» 5-декабрь, 1991-жыл), О.Эркетановдун («Кыргыз маданияты»», 18-июль, 1991-жыл), «Чала молдо дин бузат» деген макалаларын эске алуу абзел. Алар санжырачылар билбеген, ойлонуп чыгарылган, чаташтырылган чыгармалар жөнүндө өзүлөрүнүн ой толгоолорун ортого салышкан. Бирок алардын коопсузданууларын эч ким капарына алган жок. Газета-журналдар бирин-бири кайталаган жомокторду жарыялоону улантышты. Баласын, небересин, чөбөрөсүн уктатуу үчүн, же кыштын узун түнүн кыскартуу үчүн айтылган жомоктор, уруу арасындагы баатырлар, болмуштар дал ошол жомок, болмуш, имиш катары жарыяланса анда эч талаш жок эле. Угар кулак болсо сүйлөй бер дегендей болмок. Ага да болбой бир окуя же бир баатыр, бийди көркөм чыгарма катары баяндагың, даңазалагың келсе жаза, баса бер. Талаш жок. Анда ал публицистика же көркөм чыгарма катары бааланат. Анын өзүнүн мыйзам ченеми бар. Бирок бул экөөнү кыйма-чиймелештирип тарыхый, этнографиялык чыгарма катары берүү, жарыялоо, биринчиден өзүн-өзү алдоочулук, экинчиден илимий адепсиздик, үчүнчүдөн рухий мурасты келекелөө. Тарыхтын, этнографиянын өзүнө гана тиешелүү булактары, күбөлөрү, методдору, методологисы бар. Кара кылды как жарган күбөсүз, алда нечен жолу текшерүүдөн өтүп далилденген, такталган дарексиз окуучуга чыгууга болбойт. Ал эми элдик казынадан алынган кабарларды өзүнүкү катары берүү, көзү өткөн санжырачылардын чыгармаларын менчиктөө, илимий фондудагы материалдарды бир аз өзгөртүп өз атынан жарыялоо кыргызда «көрсөтпөй сурап алуу» деп аталат. Ушуга байланыштуу атактуу комузчулар тигил же бул күүнү чертердин алдында анын авторун айтып коюп чертишет. Биздин санжырачыларыбыз алардан үлгү алышса болмок.
           Жарыяланган материалдарга мүнөздүү дагы бир жагдай санжыра менен элдик тарыхты аралаштырып бир бүтүн нерсе катары кароодо турат. Туурасын айтканда экөө эки башка, бирок да бири бирине өтө жакын. Санжыра уруктун, уруунун, элдин келип чыгышын басып өткөн жолун, алардын белгилүү өкүлдөрунүн урук, уруу башчыларынын ысымдарынын тизмеси, кыскача өмүр баяны аркылуу ооз эки тарыхты түзөт. Башкача айтканда ал уруунун, уруктун жылнаамасы. Анын башкалардан айырмасы тарыхты жекече инсандардын генеалогиялык таблицасы менен баяндайт. Түбү ал феноменология (Эң сейрек кезиге турган инсан, кубулуш жөнүндөгү изилдөө). Санжыранын ошол генеалогиядан, хронологиядан айырмасы ал адамдардын эсинде сакталган, оозэки чыгарма. Жазуу пайда боло электеги коллективдүү мурас.
           Ал эми элдик тарых болсо баатырлар, бектер, бийлер, хандар, өкмөт башчылары тууралу, эл арасына кеңири тараган оозэки чыгарма, б.а. анекдот, макал-лакаптар. Санжыра урук, урууну, эл жөнүндөгү оозэки чыгарма катары, алардын тарыхын жазууда көмөкчү дарек, булак болсо, элдик тарых жазма тарыхка кирбеген, бирок тигил же бул көрүнүктүү ишмер жөнүндө калктын калың катмарынын оюн, баасын билдирет. Бул официалдуу эмес тарых. Аны «интеллигенттердин тарыхы» деп да аташат. Бул медалдын экинчи бети. Советтик доордо калк өзүнүн оюн, позициясын элдик тарых аркылуу гана бере алган. Жазма жана элдик тарых экөө бириккенде чындык келип чыгат.
           Санжыра али тарых эмес. Ал тарыхтын күбөсүнүн, булагынын бири. Ошол себептүү ага дал ошондой мамиле зарыл. Мунун өзү санжыраны (эгер ал ойлонуп чыгарылбаган, бурмаланган болбосо) ар тараптуу талдап, анализдеп, илимий эмгектен кайра-кайра өткөрүү керек дегендикке жатат.
           Асыресе санжыра уруу жетекчилеринин, бийлердин, бектердин, хандардын тизмеси катары белгилүү. Анда уруунун, элдин тарыхы жок. Социалдык-экономикалык, саясий-идеологиялык кабарлар такыр эле учурабайт. Анткени ал санжыранын милдетине кирбейт. Ошол тизмени эстеп калуу менен санжырачылар кыргыз атанын балдарынын бирдигин бекемдеп, алардын башка этностор менен аралашып, сиңип кетишинен сактап келген. Ошентип этностук өзүн-өзү таанууну биздин дилибизге, каныбызга сиңирип, элдик, улуттук аң-сезимге айландырууга зор салым кошкон. Мына ошол ыйык нерсени таза кармоо, аны соода-сатыктан, уруулук патриотизмден, жеке амбициядан алыс кароо милдет.
           Азыркы санжыра деп жарыяланып жаткан материалдарда дагы бир кемчилик бар. Ал көпчүлүк санжырачылардын эбак жарыяланып, илимий коомчулук тарабынан кабыл алынган материалдарды жокко чыгарууга жасалган аракет. Ошондой осолдуктун натыйжасында ар ким санжырага, тарыхий инсандарга өзүнүн «баатырларын» кошууда. Кошкондо да алар менен бир жүргөндөй, тим эле телефон аркылуу сүйлөшкөндөй жазуу өнөкөткө айланды. «Көзү ачыктардын», арбактар менен аралаш жүргөндөрдүн саны артууда. Билген намазын эмес, билбеген намазын окуу өкүнүчтүү жыйынтыкка алып келеби деп чоочуйм.
           Санжырачыларыбыздын бир тобу Обо-Ата, Обо-Эне-ден, бери болгондо Нух пайгамбардан башташат. Азыраагы Долон бийден тартып баяндашат. Тагай бийге чейинки санжыра айтылып, жазылып бүткөнүн, анын тууралыгы же жаздымдыгын далилдөө жыйырманчы кылымдын акыркы он жылдыгында жагандардын колунан келбестигин айтуу керек. Анткени ага чейинки ата-тек жөнүндөгү кабарларды текшерүү мүмкүн эмес. Алар жөнүндөгү баяндар династиялардын, хандыктардын тизмеси, ошол себептүү ар бир инсан жөнүндөгү кабар легенда менен катар турат. Өз ичине кылымды камтыйт.Аларды жазма булактар менен толуктай албайсың. Мунун дагы башка жагы бар. Ал көчүрмөчүлүк. Кечээки коммунист, мугалим, кызматчы – бүгүнкү санжырачы газет-журнал беттеринен кылымдан берки илимий коомчулукка белгилүү болгон кабарларды которуп кайталашат. Бул же тигил окуяга карата мамиле болсо бир жөн, ага ар кимдин өз оюн айтууга укугу бар. Ал эми бул жерде мындан бери болгондо беш жүз жыл мурда өткөн инсандар жөнүндө сөз жүрүп жатпайбы. Алар онүндө жаңы дарек табылмайынча эскини кайталай бериштин эмне кереги бар. Дегинкиси кайталоодон чындык чыкпасы баарыбызга белгилүү эмеспи. Иштейм десе азыркы санжырага кызыккандардын колунан келе турган, мурда эч ким тарабынан жасалбаган жумуштар көп. Бүгүнкү күндө уруулардын болжолдуу санжырасы бар. Эмки милдет ар бир урууга кирген уруктардын, бир атанын балдарынын (баланча уулу) санжырасын түзүп тиги уруу менен байланыштыруу керек. Бул урктун санжырасы болмокчу. Ал бизде азыр жок. Бул биринчиден, экинчиден, ар бир уруктун, бир атанын балдарын кайсы жерде жайланышын (айыл, район), түтүнүнүн санын (кожолуктун) жана канча адамдан (жандан) тургандыгын (1-январь 1994-жыл) билүү керек. Бул кабарды айылдык кеңештин секретары, карыялар кеңешинин башкармасы жана башкалар жакшы билишет. Буларды топтогондон кийин райондук, облустук алкакта «Даанышман» коомунун жыйыны аркылуу бир ойго келип, жыйынтыгын жарыялоо зарыл. Мына ушул жол менен биз кыргыз элинин кошмо санжырасын түзүүнү аяктамакбыз. Мындай колдон келе турган конкреттүү иш жасоо илимге, элге кызмат өтөөнүн айкын да, байсалдуу да жолу болмокчу.
           Мына ушундай жалпы сөздөн кийин санжыра жыйноочулардын кээ бирине кайрылып, илимий сынды көтөрө турганын сыдыргыдан өткөрсөмбү дейм. СПАРБЕК ЗАКИРОВ. 1930-жылы туулуп, 1949-1953-жылдары КМУ-нун кыргыз тил-адабият факультетин бүткөн. Аспирантурадан окуган, филология илимдеринин кандидаты. Узак убакыт Кыргыз илимдер академиясында кол жазмалар фондусунун башчысы болуп кызмат өтөгөн. Фольклорист. Санжыра боюнча макалаларды 1990-жылдан тартып «Фрунзе шамы» («Бишкек шамы»), «Ленинчил жаш», «Эмгек жарчысы» («Кемин райгазета»), «Эмгек жалыны» («Базар-Коргон райгазета»), «Эркин Тоо» газеталарына жарыяланды.
           Алардан сырткары 1991-жылы, Т.Асаналиев менен бирдикте «Саяктын санжырасы» аттуу китепчени чакан ишкана тарабынан басышты. Менин көңүлүмдү анын элдик оозэки чыгармалар боюнча жарыялоолору эмес, санжырага, тарыхка тиешелүү макалалары бурду. Ага аталган китепче жана «Фрунзе шамына» жарыяланган (1 – 23-август 1990-жыл), «Кыргыз тарыхы жана санжыра» деген көлөмдүү эмгеги кирет. Окурмандарга С.Закировдун кыргыздардын оозэки көркөм чыгармаларын изилдөөдө жана жарыялоодо көрүнүктүү эмгек сиңиргенин, илимий даражага жана сыйга ээ болгонун айта кетүүбүз абзел. Бул тема анын жеген наны жана стихиясы. Ал илимде «Ким эмнени айтса, мен ошону бузбай жазып алууга аракеттендим», деген байыркы грек окумуштуусунун айтканы мыйзам болуп саналат. Кеп башка жөнүндө, С.Закировдун кыргыз санжырасынын гана эшигин аттап кирбестен, тарыхтын ак тактарын толтурууга бел байлаганында. Анын бул багыттагы чыгармачылыгындагы өзгөчөлүк фольклорду жыйноодогу жана жарыялоодогу ыкманы түз эле санжырага, колдонгонунда турат. Мунун өзү тарыхка, санжырага фольклордук көз караш менен мамиле жасап, айрым инсандардын өмүр жолуна кайрылганда илимдин андай бөлүгү болгон, феноменологиянын эрежелерин сактабай, жорго сөз менен эл оозунан жыйнаган, кол жазма фондудан алган материалын байма бай баяндай берет. Каарман жашаган доор, социалдык мамиле эске алынбайт, башкача айтканда Историзм четте калат. Мунун өзү анын макалаларына жомоктук, баяндамалык мүнөз берет. Пайдаланган булактарды ачык айтуу, аларга сын көз менен анализ жасоо болбогону сезилип турат. Баарыдан мурда этнография илиминдеги кеңири колдонулган байкоо, салыштыруу, анкеттөө методдорунун жыты да жыттанбайт. Жогорудагы айтылган пикирлерди бекемдөө үчүн орчундуу фактыларга кайрылалы. С.Закиров менен Т.Асаналиевдин аты аталган китебине окуучунун көңүлүн буралы.
           Авторлор кыргыз элинин түп бабасынан башташат. «Карахандын Абасканынан Кыргыз төрөлөт. Абастын аялы кырк нөкөрү менен кырда сейилдеп жүрүп төрөп койгондугу үчүн атын Кыргыз коет. Кыргыздан Каадамбек, андан Үрүстөмбек, Арстанбек, Үрүстөмбектен отуз уул болуп көп уруу эл болот. Арстанбектен - Алчыбек, андан Тоорухан, мындан Барахан, андан Карахан, Карахандан Төгөй, Төгөйдөн Көгөй, андан Ногой, Ногойдон Орозду, Нойгут, Көкчөгөс, Көз Каман. Ороздун он уулу болгон. Анын төртөө белгилүү Үсөн, Бай, Улак, Жакып, Байдан айтылуу Бакай, Улактан Сыргак; Жакыптан Манас, Манастан Семетей, андан Сейтек, Сейтектен Эрсарык, мындан Алымсарык, Алымсарыктан Кулансарык, андан Кенен Баатыр» деп кыргызды таратып келишет. Анан «...Нойгуттун тукумдары жөнүндө сөз кылалы. Анткени биз кеп кыла турган Саяктар ушул Нойгуттун Ак Балтасынан келип чыгат. Акбалтадан... Чубак, Чубактан - Бекчоро, Бекчородон - Тегизбек, Тегизбектен - Жайыкбек, Жайыкбектен - Көкүшбек. Андан Сапарбек, Сапарбектен - Алдаш, Алдаштан - Алымбек, Алымбектен - Суранбай, Суранбайдан үч бала: Чыбытай, Сабатай, Муратай.
           Чыбытай элине хан болот. Хандык кылып турганда Чыңгыз хан Чыбытайга тогуз кара шумкар тартуу кылып Супатай, Дархан деген эки вазирин жиберет. Тартууга алданып, экинчи жагынан Чыңгыз хандан чочулап, кыргыздар монголдорго кошулат. Чыңгыз хан кыргыздарды кытайга каршы урушка айдап, көп кыргынга учуратат. Аны көрүп тукум курут болуудан корккон Муратай өзүн ээрчиген кыргыздарды алып Кожент шаарын карай качып калат. Ал жерден Жусупбек, Сүйүнбек үйлөнүп, Жусупбектен - Абдырайым, Сүйүнбектен - Эшен кара төрөлөт. ...Абдырайым байлыктын аркасы менен Эрдене хандын кызы Маанишайымга үйлөнөт. Андан эркек балалуу болуп атын Байысбек коет» (Закиров С., Т.Асаналиев. Саяктын санжырасы. 1-бөлүм. Чолпон-Ата. 1991. 6 - 7 беттер.). Кыскасы Байысбек жетим калат. Маанишайым кайниси Эшен карага күйөөгө чыгат. Андан Дайырбек, андан Садык, Шакир үч уул төрөлөт. Байысбек энесинин күйөөгө чыкканын жактырбай Кара Чоро, Төрөкан (Азык) менен Тагайга келет. Тагай бий үчөөнү тең «менин балдарым» деп элге тааныштырат. Ошентип элдик санжыра боюнча Кара Чоронун тукумунан багыш, баарын уруулары, Байысбектен саяк уруусу, Төрөкандан азык уруусу, Шакирден чекир саяктар тараптыр» (Ошондо). Мында баары эле өтө жөпжөнөкөй. Араб, перс, кытай жазмаларын изилдөөнүн Абул-Газинин «Түрк санжырасын», «Түркмөн санжырасын» окуунун, археологиялык казуу жүргүзүүнүн, этнографиялык экспедиция уюштуруунун, а тургай Кыргыз Республикасынын ИА кол жазмалар фондусундагы, Ленинград, Ташкент, Алма-Ата шаарларындагы архивдерди аңтарып-теңтерүүнүн кереги жок. Кары сөзүн капка салган бирин эки адамдардын С.Закировко айтып бергени (алардын ким экенин авторлор жашырып койгон) аркылуу кыргыздын келип чыгышын чечет да коет. Жогорудагы узун шилтемеден сырткары автор Анвар Байтурга таянып 5 - 6 кылымдарда Тянь-Шань, Памир тоолорунда жашаган бир канча уруулар кыргыздар менен ассимиляция болуп, кыргыз уруулары деп эсептелгендердин ичине Коңурат, Кыпчак, Саксын деген уруулар бар экенин жана ошол саксын уруусу саяк уруусунун түпкү теги болгонбу дейбиз деп бүшүркөшөт. Саяктардын тукуму Нойгуттун уулу Чубактан таратылып, чоң эпостун каарманынын урпагы болот да калат. Мына антиисторизм, биринчи версияда саяктардын бабасы 14 - 15 кылымда (Тагай бий), экинчи версияда, Эрдене хандын тушунда (18 кылым), үчүнчү версияда 5 – 6 кылымда. Бул жомокто, түштө боло турган гана окуя. Саяктар түп ата-энесинин ысмын билгенине жакаларын муунта кармап, Алла Таалага ушундай уул бергенине ыраазы боло берсин дейли. Ошол себептүү муну мындай таштайлы кыргыздын келип чыгышынан сөз баштайлы. «Кара хандын Абасканынан Кыргыз төрөлөт». Бул версия атактуу манасчылардын, жомокчулардын айтууларында кездешет. Ал илгертеден белгилүү. Бирок илимий эмгек катары иликтене элек. Кыргыздын бир топ уруусун «Манас» эпосунан чыгарууга жасаган далалат экени көрүнүп турат. Арийне элдин келип чыгышын жомокко такоо анчалык оор эмес. Ошентип Абаскан кыргыз көз жуумп айтканда 10 кылымда жашаган инсан экен (Кара ханийлер династиясы).
           Кокус Кара хан Өгүз хандын атасы болсо, анда болжол менен мындан 4700 - 4900 жыл илгери болгон. Илимий Түркологиянын атасы Абул-Гази Кыргыз атабызды Өгүз хандын небереси, Тоо хандын уулу деп бир эмес эки китебинде кайталайт. Абу-Гази өзүнүн эмгегин жаратууда бизге чейин сакталбаган араб, перс булактарын, орто кылымдагы авторлордун, санжырачылардын эмгектерин пайдаланган, санжырачылар менен аңгемелешкен. Анын эмгеги баа жеткис. Буга алигиче эч ким каяша айта элек.
           Ал эми кылымдын башталышында кыргыздын төрт бурчун бүтүн кыдырган араб, перс булактарынан кабары бар О.Сыдыков «Кыргыз дүйнөгө Мухаммед алейсаламдан 3400 жыл мурун келген» (Сыдыков О. Тарых Кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы. Фрунзе, 1990. 26-бет.) - деп жазган. Бул 1912-жылга 4700, бүгүнкү күнгө 4782 жылды түзөт. Айталык элибиздин биринчи тарыхчысы эсебинен бир аз жаңылып калышы ыктымал. Мусулман, христиан, еврей жыл эсебин айкалыштырганда ары-бериси 100 – 200 жылды түзсүн дейли. Кеп анда эмес. Баарынан кызыгы ушу Абас атанын аялы. Биздин түп атабызды кырк нөөкөрү менен кырда сейилдеп жүрүп көз жарып койгонун кара. Ошон үчүн кырда, кырк кыздын көз алдында төрөгөнү үчүн ага Кыргыз деп азан чакырып ат коюшкан турбайбы... Укмуштуунун төөсү жорго.
           Бул кырк кыз, кыр жөнүндөгү баян кытай жыл наамаларында, Орхон, Эне-Сай жазууларында кездешет. Ал эми 19 кылымдын экинчи жарымынан 20 кылымдын башталышына чейин «Туркестанские ведомости», «Семиреченские ведомости» газеталарында, «Живая старина» журналында ондон ашык варианттары жарыяланган. С.Закировдун кошкон «салымы» Кыр-Кызы, кырк-кыз деген эки версияны бириктирип бере салганында турат. Европалык окумуштуулар байыркы түрктөрдө кырк кыз деген уруунун бар экенин билишкен эмес. Ал кийин Е.Маловдун эмгеги аркылуу «Байыркы түрк сөздүгү» белгилүү болду (Древнетюркский словарь). Ал уруу 9 - 10 кылымдарда кыргыздар менен коңшулаш этнос катары көрсөтүлөт. Ал эми кыргаз, кыргес деген терминди илимге биринчи жолу орус окумуштуулары киргизишти. Алардын арасында П.Рычков, А.Левшин, А.Бердашев, М.Венюков, А.Голубев, А.Харузин, Н.Аристов, ошондой эле европалык саякатчы, окумуштуулардан А.Земарк, Г.Клапорт, П.Карпини, А.Вембери жана башкалардын эмгектеринен кийин бул имиштин кайталанышы түшүнүксүз.
           Кыргыз ысымынын жана кыргыз этносунун аты жөнүндөгү мезгилдүү басма сөздө жарыяланган адабиятты саноо көп орунду ээлейт. Ал эми санжырага түз тиешеси бар жагын алсак авторлор өзүлөрү «Биринде баласы атасы катары көрүнсө, экинчисинде атасы баласы катары, үчүнчүсүндө бир тууганы катары айтылат» (Закиров С., Асаналиев Т. Саяктын санжырасы. 8-бет), - деп окурмандарга эскертишет. Бул бизди дагы бир оор милдеттен, ар бир урук боюнча «чаташкан», асты үстү, үстү асты болуп калган жерлерин териштиргенден куткарып отурат. Бул С.Закировдун санжырасынын көпчүлүгүнө мүнөздүү.
           Автор тигил же бул окуяны көрүп тургандай сүрөттөйт. Анда талаш жок, бирок аны кайдан алганына шилтеме бербей өзүнүкү катары пайдалангандыгы маданияттуу адамды шылдыңдагандай эле нерсе. Ал «Кыргыз санжырасы» деген «Эркин Тоо» газетасына 23 - 27-май 1992-жылы жарыяланган макаласындагы калмактардын кыскача тарыхынан, эки Аблайдын (казак-кыргыз чабышынан) чаташтырылып берилгенинен көрүнүп турат. Бул макалада автор эки Аблайды (Канкор Абылай, Валихандын атасы, хан Аблайды 1711 - 1781-жж.) бир киши катары берет. Ошол себептүү арасынан 80 - 90 жыл өткөн окуялар аралашып кеткен. Санжырага тиешеси аз окуялар, көп инсандардын ысмы аталат. Ушунун баары эч шилтемесиз. Бирок сабаттуу окуучуга алардын баары Ч.Валихановдон, И.Я.Златкинден (калмак, казак мамилелери, Амурсан), кыскартылып алынганы даана көрүнүп турат. Ал эми макаланын «Кокон хандыгынын кыргыздарды каратышы» деген бөлүгү баарына белгилүү «Кыргыз тарыхынан» (биринчи томунан), «Өзүбек тарыхынан» жана небак жарыяланган архивдик документтерден алынган. Жаңы дарек Талкан бий менен анын уулу Кошой бий жөнүндө. Алар тарыхта белгилүү инсандар, бирок алардын бий болгондугу жөнүндөгү кабар ойлонулуп чыгарылгандай. Сарбагыш, солто жана саяк урууларына Маматкул бий, Адигине, ичкиликке Ажы бий болгон. Анткени бул наам элдин саны менен байланыштуу. Солтолор калмактардан качканда үчкө бөлүнүп кетишкен (биринчиси Ферганага, экинчиси Кара Тоого, үчүнчүсү Тогуз-Торого). Качкандардын тобуна сарбагыштын бийлери жетекчилик кылышкан.
           Бирөөнүн айткандарын, жазгандарын өзүлөрүнө энчилеп алуу санжыраны жарыялагандардын көбүнө тиешелүү экенин эскерттик. Бирок бул оору окумуштуу С.Закировко да жукканы өкүнүчтүү. Анын «Ленинчил жаш» газетасынын 3-апрель 1990-жылы жарыяланган «Тайлак баатыр баяны» деген макаласындагы Тобок алп, Жанболот баатыр жөнүндөгү кабарды Т.Молдонун кол жазмасынан толугу менен көчүрүп алган. («Кыргыздар». Бишкек, 1991. 2-китеп. 28 – 30-беттерди караңыз).
           Кеп кытай императорунун уулун өлтүрүп койгондугу үчүн кармалып кеткен Жанболот жана анын уулу тууралу жүрөт. Он бир жылдан кийин аны Тобок издеп чыгат. Тоголок Молдодо «Түп Бээжинге кетип бара жатып Ат-Башыдагы черик Максүт бийге консо, бир чоң чара менен бир жупка жасатып алдына койгондо тамам-такыр жеп алып, чоң чараны бошотуп, Максүт бийге жылдырып туруп айткан экен: «Сугунтайын десем эт эмес, сунайын десем кымыз эмес. Өзүң берген аталадан өзүңө бир алым, түбүнө бир алым калтырдым, Максүт бий алып койгун», - деген экен. Бул сөзгө уялып Максүт бий жандамал ирик союп коноктоп, этин таптакыр алдына койгондо да бүт жеген дейт.
           «Тобок баатыр жөө жүрүп олтуруп, үч жыл дегенде Түп Бээжинге жетип, кытайдын улугуна арыз кылган имиш» («Кыргыздар». Бишкек, 1991. 28 – 30-беттер). Падыша: «Жанболотту таанысаң чыгарып берейин», - дейт. Тааныйт. Ушул жерде айта турган сөз Т.Молдонун айтуусу боюнча падыша бир шарт коет. Калганы коендой окшош. С.Закировдо «Кийин кытайдан кол келип... Жанболотту, Берикти колго түшүрүп Бээжинге алып кетет. Ошондон он бир жыл өтөт» («Ленинчил жаш» газетасы. 3-апрель, 1990-жыл). Жанболоттун балдары Тобок алпты жиберет. «Эрте бешимде Ат-Башынын Чериктерине жетип, Максүт деген байдын үйүнө түнөп өтмөк болот. ...«Мал арык деп чоң казанга толтура жупка чылатып, сары май кошуп алдына коет. Алп Тобок жупканы бүт жеп: «Сунайын десем кымыз эмес, сугунтайын десем эт эмес», - деп жупканын түбүн Максүт байга берет. Бай уялып кой соет (Ошондо). Калганы да ушундай бап келет. С.Закиров газеттик макалага оригиналды кыскартып, бир эки апыртууну өзүнөн кошкон. Жыйынтыктап айталы дегенибиз бул жарыялоолордо санжырага тийиштүү материалдар өтө аз. Автор элдик оозэки көркөм чыгарманын үзүндүлөрүнө жана жарыяланган материалдарга таянып кыргыздардын саясий тарыхын берүүгө бел байлоган. Мунун өзү өтө опурталдуу.
           Бул факты окуучуну өтө оор ойлонтууга дуушарлайт. Кол жазма фондусунда сакталган, ага түшкөн жана эл оозунан жыйналган материалдарды мындай эркин пайдалануу илимге сыйышпай турган нерсе. С.Закиров жарыяланган материалдарында аны жашырууга аракеттенет. Бирок чыгарманын автору көмүскөдө калса да, кайра иштелсе да анын жамаачысы, жамаган жиби даана көрүнүп турбайбы. С.Закировдун фольклордук материалдары тарыхый эмгек жаратууда жардамчы булак катары кызмат өтөөрүндө талаш жок. Бирок ага феноменология, оозэки тарых, жөө жомокко жакын болмуштар, автор ойлоп чыгаргандар кошулуп кеткендиктен санжыра жүзүн өзгөртүп өзүнө окшобой калган. Ошол себептүү этнографтар, тарыхчылар андан генеалогиялык, этнографиялык, тарыхый материалдар издегенде өтө өкүнүчтө калышууда.
           Чынын айтканда С.Закиров фольклорист катары өзүн көрсөтө алган. Анын бул жагын баалоо, бул кесиптин өкүлдөрүнө таандык. Бирок да санжыра деген ураандын алдында жарыяланган макалаларда болмуш үстөмдүк кылып, пайдаланылган документтер орой түрдө бурмаланып, жекече ой үстөмдөп кеткен учурлар улам арбын кезигүүдө. Бул аны жомокчу катары мүнөздөп отурат.
           Анын бири илимпоз-педагог К.Сейдахмат уулу эле. Ал а дегенде «Советтик Кыргызстан» газетасынын беттеринде кыргыз календары жөнүндө макала жарыялаган. Ал боюнча китеп чыгарган. Ай менен Үркөрдүн тогошуна негизделген календарды негиздөөгө аракеттенген. Бирок адамзаттын тажрыйбасында бул кубулушка негизделген жыл саноо жоктугун анын чыгармачылык изденүүсү ойлоп чыгаруучулуктун бир кыпыны экенин көрсөттү. Ага санжыралык мүнөз берүү да өз натыйжасын берген жок. Бирок ал чыгармачылык фантазиянын азыгы катары илимий коомчулук тарабынан кабылданган. Ал санжыра жыйнаганга да кызыккан. Анын «Эл Жарчысы» газетасынын 1991-жылы Кулжа айынын 22сине жарыяланган «Сол канаттын баянынан», - деген макаласы изилдөөчүнүн көңүлүн бурат. Бул баарыдан мурда кыргыздын Сол канатына багышталган, анын насилинин бири тарабынан жазылган биринчи чыгарма экенин белгилөө абзел. К.Седахматов Солду, өзгөчө Кушчу уруусун билгичтик менен таратат. Бул жагынан анын кабары толук, таза жана санжыра деп аталууга укуктуу. Бирок, Жетиген, Саяк урууларынын келип чыгышын «Уккан кулакта жазык жок» дегендей, бир жактуу караган.
           Ал боюнча саяктардын түп атасынын бири Эшенгарек, Жолдуу Барак менен замандаш болуп чыга келет. Барак 18 кылымда жашаганы белгилүү. Анысы аз келгенсип Жетиген менен Чекир Саяктар энелеш деп жазат. Мындай кайчы келүүлөргө: алтынчы кылымда жазылган «Маджуми ат-Таварихте» айтылган маалымат боюнча Куу уулдун Басыз, Лалым, Кушчу, Ай баш мундуз, Чоң Багыш, Саруу, Сунжак, Кытай деген уулдары болгону айтылат» деген баяндама кирет. «Маджуми ат-Таварих» 16-кылымда жазылган. Айырма 10 кылымды түзөт. Автор байыркы этностор Басызды, Мундузду, Сарууну, Кытайдан таратып коет. Мындай «улуу уруулукту» катардагы санжыра жыйноочу билдирсе мейли эле. Ал эми окумуштуунун мындай кескин билдирүүсү, анын тарых менен кыйыр тааныштыгын гана айгинелейт. Кушчу уруусунун тегин туура баяндап, анын ысмы кесип менен байланышканын баамдап келип тетир басып кетет. «Кушчулар Чыңгыз хандын убагында пайда болгон эл деп эсептөөгө болот», - дейт. Анын түбүнүн түптөлүшүн туура карайт. Бирок Кушчу илгертеден кыргыз элинин байдубалы. Ал эч качан өзүнчө эл болгон эмес (Чыңгыз хандан мурун да кийин да). Ал эми боордош элдердеги кушчулар дал ошол байыркы кушчулардан ажырап кеткендеринин тукумдары. К.Сейдахматовдун жыйнаган санжырасы (Кушчу уруусу жөнүндөгү) этнографиялык, тарыхый булак катары кызмат өтөй алат.
           Санжыраны сүрүүчүлөрдүн арасынан эң баалуу материалдарды бир уруунун, же бир уруктун тукумдарын тарткандар берип жатышат. Буга «Бишкек шамынын» 1992-жылы 1-августтагы санына жарыяланган Турдуш Абдыш уулунун «Алакчын уруусу» деген макаласы кирет. Анын Талас өрөөнүндө кеңири таралган версиясын эске албаганда (Куу уулдан Көбөш, андан Босого, Жайыл, Кандабас, Асыгалы, Кара Кулунчак, Жайылдан Каранбай, Каранай эки уул. Каранайдан Саруу, Кытай), Саруунун Көнөк уругун жакшы тараткан. Анын берген материалдары оригиналдуу, ишенүүгө боло тургандай. Аны башкалар менен салыштырып, тактап көрүп болочок санжырага негиз кылып алса болот.
           Бир уруунун санжырасын туура жыйнагандарга Бөөтай Мустаев кирет. Анын «Бишкек шамынын» 1991-жылы 26 – 27-июньда, 1-июльда жарыяланган «Чекир молдо тукумдары» деген макаласы кирет. Кесиби башка болгонуна карабастан анын молдокесинен жазып алган кабары бир топ санжырачылардан аны айырмалайт. Биринчиден Бөөтай кимден жазып алганын ачык айтат, экинчиден өзүн санжырачы деп эсептебейт, тек нуска сөздү кагаз бетине түшүргөн, андан эч кандай артыкчылык каалабаган адам катары көрүнөт. Анын окутуучусу жана ал шилтеме бергендер, Көкүмбайдын көк дептери, Чодо, Көңкайты сыяктуу санжырачылардын айкандары менен тааныш адамдар экендиги макаладан баш багып турат. Бирок автор бул уруунун санжырасынын үч вариантын берет. Алардын кандай айтылса ошондой берилиши кубанарлык аракет. Ысаков Бейманжан өзүнүн айтуусунда О.Сыдыковдун саяктын келип чыгышы жөнүндөгү жазганын толук кайталаса да Б.Мустаев аны окуучуларга төкпөй-чачпай сунуш кылат. Мунун баары анын өтө адептүүлүгүн, чынчылдыгын далилдейт. Кайталоолорго кайыл болгондугуна карабастан саяктар жөнүндөгү баян изилдөөчүлөрдү кызыктырат. Эгер санжырага кызыккан, этностун аброю үчүн ысык-суукка чыдагандар К.Сейдахматов, Б.Мустаев сыяктуу эмгектенишсе бул чоң жооптуу маселенин чечилиши бир топ жеңилдемек. Жүздөгөн санжырачылардан «Ата-тегибизди билели», - деген макаланын автору А.Бийназов бөлүнүп турат. («Кыргыз туусу» 1991-жыл. 11-май).
           Ал өзүн жыйноочу катары көрсөтөт. Бирок кимден жазып алганын көрсөткөн эмес. Макаланын кириш бөлүгүндөгү Шайык Мансурдан Ак-Калпак, Кара-Калпак, Ак-Калпактан кыргыз, кыпчак, караган, анархан, нойгут, катаган. Караган жазма адабият боюнча Кыргыздын бабасы (Тоо хандын атасы Өгүз хандын өз атасы). Уйгур кыргыздын баласы эмес алыскы тууганы. Ушул өңдөнгөн бир аз так эместикти (ага Кара Чородон, Ак-Багыш, Чоң-Багыш, Кара-Багышты тартканы) эске алуу менен анын жыйнаган материалын талдоо элегине кое берсе болот. Анткени жыйноочу өзүнүн алдына кыргыздарды бүт таратууга аракет жасагандыктан так эмес жерлери көп.
           Санжыра кээ бирөөлөрдү өзүлөрүнүн күчүн көркөм чыгарма жаратууга аракет кылуусуна түрттү. Алар үчүн бул тажрыйба талаасы болуп калды. Эл арасындагы оозэки болумуштарды көркөм сөз аркылуу берүүгө башкача айтканда санжыранын табиятын өзгөртүүгө далалат жасалууда. Ал Мукан Найманбаевдин жарыялоолорунда байкалууда. Анын кокусунан «Манастын ашын» таап алып жарыялаганына караганда кыйлага барчудай көрүнгөн. Ал улуу акын Тоголок Молдону бетине кармаганы болбосо таң каларлык окуя эле. Анткени Балык, Тыныбек, Сагымбай, Саякбай эшитпеген, алар айтпаган Манастын ашын М.Найманбаев мурас катары жарык көргөзгөн. «Бишкек Шамына» 1991-жылы 5 - 6-августта жарыяланган «Табылды баатыр» деген макаласы жөнүндө Табылдынын «эрдиги» агасы Атабекти чыбык менен бутка чапканы, Тилекматты басмырлаганы, Боромбайды бештегени, атасына аш бергени. Мында «өрдөк» учурма өтө көп. 28 жаштагы Табылдыдан жана анын 40 жигитинен Боромбай коркот. Аны аябай сыйлап жолборс, илбирске мергенчилик жасатат. «Каркыра, Текес, Ак-Шыйрак, Көк-Ойрокту он күндө кыдырып келгени шумдук. Аш демекчи. Ал ашты бериш үчүн Нарын тардык кылып Ат-Башыда берилет. Ооба Черик, Моңолдор, Сарыбагыш, Тынымсейиттин Табылдысынан коркушуп ага макул болушат. Сарт кечүүдөн Чеч-Дөбөгө чейин 1000 боз үй тигилет. Ашка он миң киши келет. Кыргыздын бүт оюну бир нече жолу ойнолот (упай атып, чүкө ойноп, бийчилер бийлеп, жөө жарыш, төө чечмей, ордо атыш, ат чабыш, эр сайыш жана башка). Бали! Ачакей-жумакейди унутуп калганы болбосо баары дурус. Ашты Тынымсейиттер ушундай беришкенин кара. Баарыдан да 40 корозго азан чакыртып койгону кызык. Байге үчүн акча, малдан сырткары бирден боз үй жасалгасы менен берилиптир. Кузгундар, каргалар, жорулар үчүн күнүнө (15 күн) 4 төө жардырып жон-жонго ташталат. Ага дүйнөнүн тарп аңдыгандары чогулуп тойлошот. Ашты 300 жасоол тейлейт. Аш жарым айга созулат. Он миң конокко 300 жасоол, тойго келген Ат-Башылыктарды кошсок калктын саны өтө эле көп болчудай. Аларды 1000 боз үйгө кандай жай алдырды экен? Бир үйгө миң конок туура келип жатпайбы. Мындай чыгымды бир болуш калк эмес мүлдө Бугу көтөрө албастай. Апыртуунун да чеги бар го? М.Найманбаевдин башка газеттерге жарыяланган материалдарынын ичинен Бугу уруусунун келип чыгышы жөнүндөгү баяндары ал жөнүндөгү болумуштардын баарынан өтүп кетти. Өзгөчө мүйүздүү келиндин бугунун кептеп союлган терисин ээмп жатканда «эмчектен» сүттүн шоргологон учуру. Окуяга автор аралаш жүргөндөй баяндалышы окуучуну таң калтырбай койбойт. Буларды санжыра деп атоого ооз барбайт. Бул орусча «фантазия» деп аталат. М.Найманбаев мунун баарын кимден укканы жөнүндө сөз кылбайт. Ал өзүн автор катары сунуштайт. Пайгамбар жашынан өткөндө бир аз алды-артын карап басып, дилге, динге сөз тийбей тургандай жазсак деген кеңештен башка нени айтабыз. (Бул өзүлөрүн санжырачы деп жүргөндөрдүн көбүнө тиешелүү).
           Өзүнүн бөтөнчөлүгү менен А.Акбаров даярдап чыгарган («Бишкек шамы» 1991-жыл. 22-май) «Кыргыз санжырасы» аттуу макала окурмандардын көңүлүн өзүнө тартат. Биз анын кыргызды Нурбийке энебиз 40 кыз менен кырда жүргөндө төрөп койгону жөнүндөгү эмес, анын тукумдары, тактап айтканда Сак, Салыйман, Нооруз тууралу уламышынан айтып отурабыз. «Эл оозу элек». Бирок муну А.Акбаровго ким айтты экен? Болбосо А.Акбаровдун ойлоп чыгарганыбы? Белгисиз. Кандай өкүнүчтүү нерсе?!
           Санжыра кылымдар бою кара сөз менен уланып келген. Жыйырманчы кылым буга да өзүнүн салымын кошту. Анын биринчи чейрегинде Тоголок Молдонун ыры менен санжыра башталса, акыркы он жылдыгында М.Иманалиев («Бишкек Шамы» 13 – 17-июнь, 1991-жыл) аяктап олтурат. М.Иманалиевдин оозэки айтып жүргөндөрүн угуп жүрөбүз. Анда жаңы жыйналган материалдар жок. Башкалар сыяктуу эле илимий коомчулукка белгилүү имиштердин жыйындысы. Бала Саруунун санжырасы жарыялангандан кийин анын айтуулары өзүнүн күчүн жоготту. Ал эми автордун ыры тууралу ойду адабият сынчыларына калтырдык.
           Санжырага кызыккандардын ичинде анын артынан сая түшкөндөрү бар. Алардын бири Жапар Кенчиев. Кесиби геолог болгонуна карабастан жарыкка чыккан макалаларында санжырага түздөн-түз тиешеси бар бир кыйла кабарларды жарыялады. Алардан анын тынчы жок кесиби боюнча жер чалып жүргөн мезгилинде жалаң эле кен байлыгын издебегени көрүнүп турат. Айткандай геологдордун жер жашын, кен запасын белгилегенде ашыра баалап коюучу кесиптик кемчиликтери да бар. Ошондуктанбы, же башка бир күчтүн таасириненби, айтор өзүн өтө жогору баалоо, санжыранын табиятына зыян келтире турган фактыларды көкөлөтүү, ал эми ага бап келген материалдарга көңүл бөлбөө байкалат. Уккулуктуу сөздүн баары усул, жамактын баары ыр болбогон өңдүү болмуштун баары санжыра боло бербегендиги маалым. Табияты тарткан жакка оой берүү, ар бир кесиптин ага жараша сыры, ар илимдин булагы, методу, мыйзамченемдүүлүгү бар. Ага баш ийбей «өзүн-өзү билип өтүгүн төргө илүү» жакшы жыйынтыкка алып келбеси анык.
           Жапар Кенчиев калем тарта билген табияттын ой жаратуу марасына ээ, өмүрүнүн бешими жакындап калган инсан. Демек ар кандай кадам ойлонулуп, ченелип шилтенер кез. Ошон үчүн жыйырманчы кылымдын аягынан, бери болгондо эки миң жылдык тарыхка көз жүгүртүү, баалоо, дүрбү менен айлананы көргөндөн такыр башка. Бир элдин басып өткөн жолун баяндоо оор милдет. Аны бир канча курак, жүздөгөн акыл ээлери кылым санап изилдеп аягына чыга албай келишкен. Ар бир окуя, ар бир көрүнүктүү инсан тарыхтын таразасына түшөт. Ченелет жана бааланат. «Калем менен жазганды балта менен өчүрө албайсың». Ал түбөлүк. Бекеринен улуу калем ээлери эмгектерин 10 жолу өчүрүп, ошончо жолу көчүргөн эмес.
           Өткөл доордун баш аламандыгынан кагазга түшкөндүн баарын басып жаткан учурдан пайдалангандардын бири Ж.Кенчиев. Ө.Караев айткандай «Кээ бир санжырачылардын бир барагына он барак менен жооп берүүгө болот». Бирок ал пайдасы жок, бекер убаракерчилик. Анткени каяша айтуунун предмети жок. Ошондой болсо да, парс катары бир аз пикир айтуу зарылдай. Ал оозэки тарыхка, санжырага «Кыргыздын түпкү теги» деген китепчеси жана «Бишкек Шамы» газетасынын 1992-жылы 31-январынан тартып, а дегенде жумалык, андан кийин шаршембилик санына чыгып келатат. Ал дагы уланууда.
           Автордун материал жыйнаганы ырас. Бирок ал бир да санжырачыга шилтеме бербейт, ысмын атабайт. Окуяны чууртуп баяндай берет, кез-кезде гана санжырачылар минтишет, тигинтишет дегени болбосо баардыгын автор өткөн чак, учур чак менен көрүп, угуп тургандай жаза берет. Ж.Кенчиев журналист, акын катары белгилүү. Эгерде бул көп пландуу чыгарманы санжыра эмес болмуш, уламыш катары, башкача айтканда элдик көркөм оозэки адабият катары, ал эми Ж.Кенчиевди аны жыйнаган, көркөмдөштүргөн түзүүчү катары карасак, анда биздин кийлигишүүбүздүн зарылдыгы жок. Бул шартта Ж.Кенчиев жыйноочу, фольклорист, жазуучу. Эмгеги адабий чыгарма. Аны бул жагынан баалоо адабият сынчыларынын милдети. Мындай болгондо ал көркөм адабий чыгарма катары тарыхый булак болуудан калат. Ал эми аны санжыра катары карасак, анда иш башкача. Этнография, тарых илиминин бир булагы – санжыраны тактоо, анализдөө, баалоо тарыхчынын, этнографтын жумушу. Тарыхый, этнографиялык кабар ар тараптуу текшерүүнү, салыштырууну талап кылат. Автор бизге андай мүмкүндүк бербегендиктен анын кээ бир фактыларына токтололу.
           Чу дегенде эле «Тек, бул жерде уруунун жети атасына чейин гана айта кеттик. ...Ошондуктан мындан наркы урууларды таратууда да ушул эле ыкманы колдонуп жүрүп олтурабыз» («Бишкек Шамы». 1992-жыл, 31-январь). Андан сырткары редакциялык жолдомодо Ж.Кенчиев кыргыздын 118 уруусун изилдеп, анын санжырасын түзүп басмага даярдап жатат деген. Изилдөөчүлөр илгертен ушул күнгө чейин кыргыздын кырк уруусун түгөлдөй албай жүрүшөт. Ж.Кенчиев анын санын үч эседен ашырып отурат. Тарыхчылар кыргыздарды уруу, урук (племя, род), уулу (баланча уулу, түкүнчө уулу) деп бөлүп жүрүшөт. Анткени адепки уруктар бизге белгисиз, алар элдин эсинде, жазма адабиятта сакталган эмес. Бизге уруулардын гана аттары келип жетти. Көчмөн элдин, патриархалдык коомдун ырасмысы, мыйзам боюнча уруу уруктарга, уруктар бир атанын балдарына, айылдык жамаатка бөлүнгөн. Бул тарыхтагы кыргыз феномени. Анткени отурукташкан, дыйканчылык менен кесиптенген этностордо өсүштүн жолу урук – уруу – эл – улут. Кыргыздар болсо социалдык өсүштүн даңгыр жолун эки баскычын (урук – уруу) басып өтүп элге айланып, тышкы күчтүн, согуштун таасири менен бытырап, бөлүнүп өсүштүн жолун кайра кайталаган. Мурунку уруулар урукка айланып, ал урууга өсүп жетип, элге айлана албай саясий жактан бириге албай кайра уруктарга, бир атанын балдарына бөлүнүп кеткен. Бул тарыхтын кайталанышы, тагдырдын кыргыздарга энчилеп берген мурасы. Анын этностук өзгөчөлүгү, табыяты. Кайра жаралуу, кайра топтолуу процессин керт башынан эки жолу, эки аймакта өткөргөндүгү. Муну этибар албай коюу жалаң эле санжырачылардын кемчилиги эмес. Бирок бул жерде белгилей турган нерсе Ж.Кенчиев урук, уруу жана эл деген терминди өзү билгендей жаза берет. Анын социалдык түзүлүштүн үч баскычы экенин байкабайт. Ж.Кенчиевде историзм сакталбайт. Бир мисал Бугу уруусу жөнүндө кеп кылып келип Орозбактынын мезгилинде ...«Кыргыздар мангул хандары, «Барлас» уруулары кара кытайлар менен кагылышып турушчу экен» деп жазат. Кара кытай, моголстандын хандары (11 - 15 кылымдар) жашаган доору 500 жыл эмеспи. Орозбакты Улукмандан да көп жашаганбы? Же кылымдарды бир сүйлом менен бириктирип койсо боло берчү нерсеби? Газеттин 1992-жылы 14-февралдагы санында ошол эле Орозбактынын беш мырзасынын үчөө Эмир Темир менен Ат-Башыда салгылашып (Арык-Мырза, Асан-Мырза, Мырзакул-Мырза). Темир алардан аз гана аскери менен качып кутулат, Ойтобоо... Шумдуктуунун төөсү жорго деген чын белем. Тагай бий Эмир Темирдин түмөн башы, Кашкардын акими, Ош түмөндүгүнүн бийи болсо, анын неберелери Темир менен Ат-Башыда салгылашып жүргөнүн караңыз. Чоң атасы Көк-Белди (Ноокат району) жердеп жүрсө, анын неберелери Ат-Башыда жүрөт. Мында да бери болгондо 100 - 150 жыл чаташып жатат. Ал кезде Ат-Башыда моңголдор, калмактар турган. Аларды Камаридин башкарган. Бугулар уруусу эмес бир айыл калк, бир атанын балдары болгон.
           1993-жылы 20-мартта жарыяланган кабарда Кокон хандыгы тууралуу орто мектептин программасынын көлөмүндө баяндап, тарыхчылар «билбеген» кокон хандарынын тизмеси берилет. Мунун санжырага кандай тиешеси бар. Андан ары «Боромбай хандын баяны (1992-жылы 27-март), «Тынымсейит баяны», «Эр Табылды баяны» (22-апрель 1992-жыл) жарыяланган. Айталы дегенибиз Боромбай эч качан хан болгон эмес, ал эми Тынымсейит жөнүндө кабар жокко эсе. Ал инсандын калмактарга каршы күрөшкөнү белгисиз. Ал эми автордун анын тукумдарын Лобнордон Ат-Башыга чейин таратып коюшу ашыктыктай сезилет.
           Ж.Кенчиевде кээ бир фактыларды бурмалоо бар. Алардын баарын санап отуруунун кажети жок. Анын бири Ормондун сүрөтүнө тиешелүү. Ал акылга сыйбай тургандай. 1992-жылы 10-июнда жарыяланган Ормондун сүрөтү чынында Абылай хандын сүрөтү (1711 – 1781). Айырмасы Абылай ханга «Кыялдын» ак калпагын кийгизип койгон. Мындай фактылардын болушу автордун берген кабарларына шек туудурбай койбойт.
           Жыйынтыктап айтканыбыз Ж.Кенчиевдин көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы болгон жарыялоолордо санжыра менен элдик оозэки тарых, уламыштар чиелешип калган. Алардан санжыраны бөлүп алуу чоң кыйынчылыкты туудурат.
           Ар кандай кооперативдер санжыраны басып чыгара башташты. Алардын тобунан Турдубай Умар уулунун «Кыргыз санжырасы» (Бишкек - 1991) китепчеси бөлүнүп турат. Анда санжыра - генеология катары берилген. Китепчеде азыркы кыргыз элинин составына кирген баардык уруулардын кысача таблицасы тартылган. Автор китепчеге курандын сүрөөсүн, календарды жана убакыт бөлүнүшүн берген. Муну таза санжыра десе болот. Анткени анда болмуш жок. Бирок бул өңдөнгөн санжыра С.Сыдыковдун, С.М.Абрамзондун жана Я.Винниковдун чыгармаларында толук бар экенин, ал эми Турдубай болсо аларды чийменин ичине киргизип 15 миң нуска менен кичине ишкана аркылуу чыгарууга үлгүргөн. Ошентип санжыра кичине бизнеске товар катары кызмат өтөдү.
           Биз жогоруда санжыра боюнча мезгилдүү басма сөз бетине чыккан материалдарга өзүбүздүн мамилебизди баяндадык. Көптөгөн авторлордун ичинен илимий анализге арзый тургандарынын кээ бирлерине кыскача токтолдук. Бул санжыра нааманын биринчи кадамы. Аларды ар тарптуу талдоо али алдыда турат. Аны үчүн бери болгондо фольклористтин, этнографтын жана тарыхчынын бириккен эмгеги талап кылынарын эскертүү абзел.

                          САНЖЫРА                                                                                                           (Мазмунга)

           Санжыра - (түрк элдеринде шежере, шажара, чежере ж.б.) - эл, уруу жана урук тууралу айтылып жүргөн оозэки чыгарма. Байыркы общиналык коомдо, өзгөчө анын аталык доорунун убагында келип чыккан. Жазуу пайда болгондон кийин өзүнүн маанисин жоготкон жана хронология, тарых менен алмаштырылган. Бирок санжыра дал адепки маанисинде көчмөн элдердин арасында, өзгөчө жазуусу жок элдерде узак убакытка чейин сакталып келген. Бул кыргыз элине да тиешелүү. Санжыра кыргыздардын оор тагдырына күбө-тарых. Алар эки миңден ашык жылдын ичинде бир нече ирет эл катары жок болуп кетүү коркунучун башынан өткөрдү. Мунун көпчүлүгү жортуулчулук мезгилде болду. Кыргыз эли бир да басып алуучуга узак убакыт башын ийип турган эмес. Жер үчүн, Мекен үчүн болгон согуш көчүлүк учурда жеңилиш менен аяктаган. Миңден ондогон эр-улан калган күндөр да болгон. Мындай учурда асылуу казан, тигилген үй, жайытта мал калып эл качкан. Адегенде түздөн тоого, андан кийик жүргөн зоого, ал сактабаса чек бузуп коңшу элге кирип кутулган. Калганы туткун болгон, боштондук сүйгон, эр жүрөк эл мындай учурларда мал-мүлкүнөн, эр көкүрөк адамдарынан гана ажырабастан, жазуусун, чиймесин жоготкон. Тек шамал айдаган булуттай тарап кеткен. Байлыкты душман талаган. Ушундай шартта тирүү калгандардын милдети өткөндү төкпөй-чачпай сактоо, аны укумдан-тукумга калтыруу эле. Мына ошентип уламыш чыккан. Урук, уруу, эл жөнүндөгү уламыш сөздөр бара-бара санжырага айланган. Мунун өзү жазуу, чиймеси жоголгон элдерде учурайт. Биз кыргыздарды алардын биринчисине ыйгарабыз. Тирүү калгандар; жаш өспүрүмдөр, туткунга түшүп кеткендер өзүлөрүнүн жана ата-бабаларынын ким экенин унутпай эсине тутушуп, укумдан тукумга берүүлөрү зарыл болгон. Мунун өзү журтчулуктун чечими менен качандыр бир мезгиде бекемделген, кийин адат-салтка айландырылган. Анын божомолдуу мазмуну ар бир эркек бала жети жашка чейин өзүнүн жети атасынын ысымын билүүгө тийиш болгон. Жети атасын бибегендерди «кул» деп аташкан. Анын мааниси тексиз, уруксуз же законсуз дегенди түшүндүргөн. Жети ата демекчи, бул цифра менен көп нерселерди айтып бере алат. Муну журтчулукка сунуш кылган адам гана түшүнгөн. Ал өзүнүн жана анын тегерегиндегилердин атын, аны менен кошо уруктун уландысын мактагысы келген. Кийин адат-нарк аны өзүнүн колуна алган. Кеп мында. Этнография илиминин так далилдеши боюнча ар бир курактын орто өмүрү 25 жыл делинет. Бул өзгөчө өткөн кылымдарга тиешелүү. Ошол боюнча жети атаны 25 жаш менен көбөйтсөк 175 жыл келип чыгат. Мына ошентип 7 – 10 жашта эркек бала биринчи эле учураган адамга жети атаны айтуусу менен анын жетинчи атасы мындан 175 жыл мурда жашаганын айгинелеген. Бул анын «кул» эмес, коомдун закондуу мүчөсү экендигин далилдеген. Жер-суу бөлгөндө «жети атаңдын мүрзөсүн көрсөт» деген сөз бекеринен чыкпаган. Айыл коомунун мүчөлөрү үчүн жети атасын билүү жетишерлик болгон. Ал эми айыл аксакалдары, уруктун башчылары андан көп билишкен. Бирок ал жөнүндө адтта, наркта эч нерсе сакталган эмес. Бара-бара ар бир уруунун жетекчилеринин, андан кийин бийлердин, манаптардын генеалогиясын жакшы билген уламышчылар, санжырачылар пайда болгон.
           Санжыра 19 кылымдан тартып орус окумуштуулары тарабынан кагаз бетине түшүрүлө баштаган. Аны адегенде В.В.Радлов, Г.С.Загряжский, П.П.Семенов-Тянь-Шаньский, Н.А.Аристов, Н.Гродеков, Ч.Валиханов жүзөгө ашырышкан. Кийин алардын эмгектери басылып чыккан. Санжыраны кагаз бетине түшүрүүгө жергиликтүү элдин өкүлдөрү да белсемдүү киришкен. Аларга 16 кылымда жазылган «Маджму ат-Таварих» («Тарых жыйнагы») деген Сейф-ад-дин Аксикентинин кол жазмасы дагы кирет. Анда башка материалдар менен катар кыргыздардын Ак уулдан тартып Аналхакка чейинки 20 - 23 атанын тизмеси берилген. 1913 – 1914-жж. О.Сыдыков тарабынан кыргыздардын генеалогиялык санжырасы Уфада басылып чыккан.
           Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институнун кол жазма фондусунда 40-жылдардан бери түрк көчмөн элдеринин санжырасы сакталып келген, анда легендардык түрктөн тартып, кыргызга чейинки аталардын тизмеси сакталып турат. Бул документте биринчи жолу кыргыздын өз жана чоң атасынын ысмы берилет. Документ кыргызчалаштырылганына карабастан ушул күнгө чейин белгисиз жата берген. Мындай жоопкерсиздик менен мамиле кылуу илимий мекемеде болгону таң каларлык окуя, адам ишенгис жорук. Республикабыздын булуң-бурчтарын он жылдан ашык мөөнөттүн ичинде кыдырып жүргөн мезгилде илим анча-мынча мааниси бар белгисиз автор тарбынан жазылган санжыранын түп нускаларын айрым адамдардан жолуктурганбыз. Бирок, тилекке каршы кол жазманын азыркы ээси илимпоздорго бермек түгүл көрсөтпөөгө аракет кылган учурлар жок эмес.
           Бир нече жыл мурда «Көк-Мойнок» совхозунда жашаган мугалимден (фамилиясын атабоону чечтик) түндүк кыргыздардын арабча түзүлгөн санжырасы табылган. Бирок анын ээси өтө сейрек кезиге турган бул кол жазманы илимий фондуга тапшыруудан баш тарткан. Документ болжол менен 19 кылымдын экинчи жарымында жазылган. Ушул фактынын өзү эле кагаз бетине түшүрүлгөн санжыралардын эл арасында азыр да бар экендигинин далили. Алар мурда чоң санжырачылардын айтуусу боюнча ири манаптар, уруулардын жетекчилери тарабынан жазылып жана билгичтик менен таблица түрүндө чиймеленген, анын аягына санжыранын ээсинин мөөрү басылган, колу коюлган. Эгарде мындай санжыра атадан балага, агадан иниге өтсө, анда бир нече мөөр коюлган. Мындай эң баалуу тарыхый, этнографиялык документтер эл арасында дагы да болсо бар экенине ишенебиз. Анткени жогорудагы аты аталган санжыралар республикабыздын түндүгүнөн да, түштүгүнөн да учуроодо. Ушуга байланыштуу биз жергиликтүү, коомдук уюмдарга, айылдык интеллигенттерге, окумуштууларга, илимий мекемелерге андай документтердин бардыгы билинсе ал жөнүндө камкордук көрүүнү, алардын ээлери менен белгилүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнөбүз. Санжыра элдин байлыгы, ошондуктан аны мамлекетке өткөрүп берүү аркылуу гана түбөлүккө сактоого болот. Анткени динге ишенген кээ бир карыялар араб тамгасы менен жазылган, басылган дептерлерди, китептерди диндик китеп катары сактап жүрө беришет жана эч кимге бербөөгө аракет кылышат. Ал эми айрым адамдар, тилекке каршы, түшүнүп турса да «буюм меники, асман жерге түшсө да эч кимге бербейм» - деп көшөрүп отуруп алышат. Кыстай келсе кыянаттык кылып жок кылып ийүүдөн да баш тартышпайт. Ушуга байланыштуу бир окуяны эске сала кетели. 50-жылдары Алай районунан 250 беттен турган сандыра кол жазманы учураттык. Бирок анын көчүрмөсүн алууга, сүрөткө тартууга жасаган аракетибиз ишке ашпады. Биз кийинки жылы барганда карыя дүйнөдөн кайтып кетип, документтин жиксиз жоголгонун билип өтө өкүнгөнбүз. Мындай окуя Кочкор кыштагында да болгон.
           Сөздү жыйынтыктап айталы дегенибиз революцияга чейин элибиз жөнүндө жазылган, басылган бардык документтер илимпоздорду кызыктырат. Алар ансыз деле өтө аз, жокко эсе. Аларга кайдыгерлик, жеке менчиктик көз караш менен мамиле жасоого болбойт. Ал өчүп же жоголуп кетсе, тарыхтын бир күбөсү булагы жоголуп гана жөн болбостон, асырэсе аты-жөнү белгисиз автордун нечен жылдык эмгеги, ата-бабаларыбыздын бизге калтырып кеткен керээзи, мурасы жок болот. Маселе мына ушунда турат.
           Тарыхый жана этнографиялык мааниси бар кол жазмалар мамлекет тарабынан орто баа менен сатылып алынат, акты менен сейрек фондуга номер коюлуп өткөрүлөт. Кол жазмада документтер кимден алынгандыгы жөнүндөгү кабар жазылып коюлат. Ошол күндөн тартып ал элдин байлыгы катары сакталат жана корулат. Илимпоздорго, окурмандарга окууга, тзилдөөгө берилет. Кыскасы, автордун тилеги орундалып, документ өзүнүн чыныгы ээсине – элге кайтарылат. Ал ошондо гана жоголбой калат. Анын үкөктүн, сандыктын ичинде чаң басып жатышы кимге пайда? Анын тагдыры Алай, Кочкор кол жазмасынын тагдыры менен шайкеш келсе эмне болот?
           Анын эмне менен бүтөрүн биз жогоруда баяндадык. Абалдан чыгуунун экинчи жолу документти көчүрүп же сүрөткө тартып алууга тийиштүү мекеменин өкүлдөрүнө мүмкүндүк берүү. Документтин азыркы ээси аны Илимдер академиясына же Кыргыз мамлекеттик университетине келип тапшырса да болот.

                          САНЖЫРАЧЫЛАР                                                                                                           (Мазмунга)

           Адепки мезгилде уруктун, уруунун аксакалдары адат-наркты жана салтты сактоочулар болуп кызмат өтөшкөн. Бара-бара алардын милдети көбөйүп, өзгөчө башкаруу функциясы татаалдангандан кийин ар бир аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү өз ара бийликти бөлүп алышкан. Алардын биринчиси бий же манап болсо, экинчиси баатыр - кол башчы, аскер жетекчиси, үчүнчүсү адат-наркты сактоочу жана талдоочу болгон. Көпчүлүк учурда ал көптү көргөн, кыргыз урууларынын санжырасын, ураанын, тамгасын жакшы билген, башка элдер жөнүндө да кабары бар адам болгон. Ал башкалардын көптү билгени, калыстыгы жана акылдуулугу менен айырмаланган. Бирок уруу төбөлдөрүнүн өкүлү катары ал оокаттуу адамдардын кызыкчылыгын, өз уруусунун мүдөөсүн жактаган. Санжырачы ар дайым эркектерден чыккан.
           Аялдардан санжыра айткандар болгон эмес. Кыргыздар арасында мусулман дини тарагандан кийин ал куранды жана шариятты жакшы билген өкүл керек болгон. Таптык коомдо санжырачы жогорудагы кырдаалдын натыйжасында сабаттуу адам - молдо болууга тийиш эле. Кийин санжырачылар ар бир волостто, оёздо тек эркин профессиянын өкүлдөрунун катарында турушкан, жомокчу, ырчы, комузчулар аралашкан. Бирок Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин айылдык община, уруулук байланыштар акча-товар мамилелеринин өсүшүнүн натыйжасында өзүлөрүнүн мурунку маанисин жогото баштаган. Бул процесс дыйканчылык менен кесиптенген, отурукташкан жана жарым отурукташкан жерлерде ылдамдаган. Барган сайын уруулук байланыштар начарлап, коңшулук, аймактык мамилелер өкүм сүрө баштаган. Мына ошондон тартып санжыранын мааниси түшүп, көөнөрө баштайт. Ошол себептүү санжырачылар да азаят. Аны укумдан-тукумга берүү зарылчылыгы жоголот. Мунун өзү санжырачылардын сейрек учуроосуна алып келген. Кийин, 20 – 30-жылдары, саясат күчөп, тыюу да салынган. Бирок мунун өзү азыр санжыраны билген адамдар жоголду дегенге жатпайт. Тээ алыс калган доор беш жүз, миң жылдардын аралыгын камтыган окуялардын үзүндүлөрүн, кара кылды как жарган чынчылдар, элди-жерди сактаган баатырлар, эки айылды бириктирбеген шумдар, ача тилдүү чечендер, көрөгөч сынчылар, илбээсин менен тилдеш мүнүшкөрлөр, кераяк «жакшылар», эмчи-домчу бакшылар, айды карап жылды билген, чотту какпай жашты сүргөн жыл сүргүчтөр же болбосо жөн эле уул калтырып элдин жашын узарткан адамдар жөнүндө нечен түн, нечен күн сүйлөнгөн санжырачылардын сөзүн бала кезинде уккандар жана аны эсине тутуп калгандар эл ичинде азыр деле арбын. Алар советтик коомдо өсүп билим алган, тарых жөнүндө жалпы кабары бар адамдар. Алардан чогулган материалдар С.М.Абрамзондон жана Я.Винниковдун «Кыргыз археологиялык-этнографиялык комплекстүү экспедициясынын эмгектеринде» (3 том, М., 1958) жарыяланган жана Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Бул материалдар менен таанышканда таң калбай койбойсуң. Өзгөчө көзмө көз, жай отуруп санжырачылар менен аңгемелешүү өтө кызык. Ал эми алардын эске тутуу мүмкүнчүлүктөрү шумдук. Эгерде алардын ар биринин жашы 60 - 70 тен кем эместигин кошсок, анда бул кубулуш өзүнүн кайталанбастыгы менен көз алдыга тартылат. Кеп алардын 25 - 30 га жакын атанын, анын балдарынын, аялдарынын атын жатка билгендери жөнүндө бара жатат. Бул 625 - 1250 жыл арасын өзүнүн кучагына алат. Андан сырткары алардын кээ биринин өмүр баянына кыскача баяндама берүүлөр, кайрылуулар болот. Ал эми 18 – 19 кылымдарда жашаган айрым тарыхта аты бар адамдар, окуялар жөнүндөгү баяндамалар өзүнчө бир жаткан кара сөз менен айтылган поэма. Каармандардын кыял-жоругунун, кебете-кепширинин сүрөттөлүшү өзүнчө көркөм дүйнө. Мунун өзү санжыранын биздин элибиздин рухий байлыгынын бир бөлүгү экенинин далили. Анын айтуучулары – санжырачылар ошол байлыкты өндүргөн адамдар катары бааланбай жүргөндүгү өкүнүчтүү. Котормочу аркылуу аңгеменин ондон бир бөлүгүн, аталардын тизмесин жазып алып аны борбордук журналдарга жарыялап, илимий эмгектерди чыгарып, окумуштуулук даража алып жүрүшкөндөр да жок эмес. Биз буга каршы эмеспиз. Бирок ушул күнгө чейин ал эмгектин чыныгы авторлору көмүскөдө калып жүргөндүгү, санжырачылар жөнүндө бир ооз сөз болбогондугу биздин илимпоздордун деңгээлин айгинелейт. Санжырачы этнография илиминде колдонуп жүргөн жөнөкөй бир кабардын булагы эмес. Ал уруунун, элдин тарыхын жатка билген эң укмуштуудай эсти жаратылыш берген, өзгөчө инсан. Көчмөн турмуштун, токтобогон согуштун, сабатсыздыктын шартында келип чыккан феномен. Анын нукуралыгы, өзгөчөлүгү ушунда. Бул бардык эле элде боло бербейт жана кездешпейт. Ал кыргыздардын рухий дүйнөсүнүн чагылышы. Аны алып жүрүүчүлөр – санжырачылар.

                          САНЖЫРА ТАРЫХЫЙ ЭТНОГРАФИЯЛЫК БУЛАК                                                                                                           (Мазмунга)

           Санжыра элдик оозэки чыгарманын өзгөчө түрү. Анда болгон окуя менен болмуш чын эле жашаган инсан менен легендарлык адам аралашкан. Жалпысынан алганда аны үй-бүлөнүн, уруктун, уруунун элдин санжырасы деп билүүгө болот. Бул жагынан ал тарыхый хроникага окшош жана ошо катары баалоого болот. Эл оозунда сакталган чыгармалардан санжыранын айырмасы мына ушунда. Санжырадагы төмөндөн жогору же тескерисинче берилген таблицалык тизме өзүнүн тактыгы менен айырмаланат. Жалпы кыргыз элине тиешелүү санжыралар анын кайдан жазылып калганына карабастан, тизмеге кирген кишинин аттарынын окшоштугу, дайыма кайталангандыгы менен белгилүү. Карама-каршылыктар айрым уруктардын, уруулардын санжыраларында кездешет. Анда ар бир уруунун өкүлдөрү «өзүнүн» уруусунун ролун, алган ордун, «тазалыгын» жана анын өкүлдөрүн көкөлөтө мактоо орун алган. Бул уруулук «патриотизм» санжырага эзүүчү таптын өкүлдөрү тарабынан атайын киргизилген. Изилдөөчү санжыраны тарыхый, этнографиялык булак катары кызмат өтөй алат. Уруунун санжырасында кезиге турган бир өзгөчөлүк, анда каршы уруунун өкүлдөрүн кемсинтүү, каралоо жана анын «киринди», «кул» экенин далилдөөгө жасаган аракеттер. Мунун өзү жогорудагы медалдын экинчи жагы. Ошол себептен экөөнө бирдей, объективдүү мамиле жасоо зарыл. Бул элибиздин басып өткөн ийри жана узун жолундагы мамилелердин калдыгын көчмөн доордун, патриархалдык укладдын, бытырандылыктын чагылышы. Санжыра коомдук ойдун, идеологиянын кичине бөлүгү катары эзүүчү таптардын таасири, көзөмөлдөөсү алдында өнүккөн, өскөн. Ошондуктан аны изилдөөнүн калбырынан кайра-кайра өткөрбөй, бир вариантты экинчиси, аны үчүнчүсү ж.б. менен салыштырбай, тактабай туруп пайдалануу бир жактуулукка алып келет. Санжыра кылымдар бою эмгекчилерди эзүүнүн, букараны кемсинтүүнүн бай-манаптын тукумдарын мактоонун, мусулман дининин өкүлдөрүнүн алдында кол куушуруп кулдук уруунун куралы болуп келген. Анын бул вазийпасын эске албай коюу таптык позицияны начарлатат. Бул үчүн санжыранын жаратылышына типтүү - бир тайпалык, бир агымдык көз карашты ашкерелөө зарыл. Буга обол мурда түрк элдеринин санжыраларына тиешелүү, адамдын пайда болушуна диндик көз караштан алынган аңыз кеп бар. Анын өзү ар уламыштын баарында кездешет. Бул санжыранын жомок бөлүгү. Ага дал жомоктой мамиле жасоо керек. Санжыраларда азыркы кыргыздардын көпчүлүгүн бир атанын балдары катары далилдөөгө жасалган аракет көрүнүп турат. Бул кадимки жөнөкөйлүк, оболку ата-энелерди сылоо эмес. Анда кыргыздарды генетикалык, кан жагынан таза деп көрсөтүүгө жасаган далалат даана байкалат. Илимий дүйнөдө таза элдин жана расанын жоктугу эбак эле далилденген. Ошондуктан санжыраны пайдаланганда кыргыз элинин бир нече этникалык топтордун узак убакыт жанаша жашагандыгынын, аралашмасынын натыйжасында келип чыккандыгын унутпоо керек. Бул жерде эске тута кете турган дагы бир нерсе санжыраны ушул күнгө чейин этнографтар гана пайдаланып жүргөндүгүн, ал эми тарыхчылар ага бир жактуу - тескери мамиле жасагандыктарында турат. Азыр мындай бир жактуулуктан тарых илими уттуруп, анын базасы, булагы аз болсо да кемтик болууда. Жазуу жок мезгилдин тарыхын жазган тарыхчы буга кыргыз элинин Октябрь революциясына чейинки, өзгөчө 19 кылымдын экинчи жарымына чейинки мезгил кирет, бул булаксыз кантип толук изилдөө жүргүзүлгөндүгү таң каларлык нерсе. Ошол доорлорду изилдеген адамдын эмгеги алтынды кумдан издеген кол өнөрчүнүн эмгеги менен барабар. Томуктай алтын табуу үчүн тоодой кумду электен өткөрүү керек. Эринчээктер, шашмалар куру кол калышат. Биринчиси мында эчтеке жок, бекер убара болбойм десе, экинчиси алтынды башкалар менен кошо таштандыга ыргытып жиберет, байкабай калат.
           Санжырадагы дагы бир баалуу нерсе – андагы сакталган элдик, улуттук аң-сезим. Көлөмүнө, ким тарабынан түзүлүшүнө, кайсыл жерден табылганына, карабастан өзүн-өзү таануу анда дайыма жолугат. Кайсы уруктун, уруунун санжырасы болсо да анын түбү кыргызга барып такалат. Мында моногенизм (бир атадан тароо маанисинде) өзүнүн адепки жөнөкөйлүгүнө карабастан, ар бир акыл-эстүү адам өзүн тигил же бул этностордун бирине ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырганы байкалат. Мындай ыйгаруунун өзү стихиялуу түрдө эмес, атайын система катары жасалганын, анын өзүн-өзү таануу катарында жүргүзүлгөндүгүн эске алсак, анда санжыра кадимки аталардын тизмеси болуудан калат.
           Анткени өзүн бир этноско ыйгаруу аркылуу ар бир инсан өзүнүн түп тегине кошулат. Бул өзүн-өзү таануунун асыресе биринчи белгиси. Аны таңуулоого жана танууга мүмкүн эмес.

                          АЗЫРКЫ САНЖЫРАЧЫЛАР ЖӨНҮНДӨ                                                                                                           (Мазмунга)

           О.Сыдыковдун канча санжырачы менен аңгемелешкени белгисиз, бирок китептин кириш сөзүн караганда ал 15 жыл бою Ала-Тоонун кокту-колотунда, адыр-түзүндө жашаган кыргыздарды калтырбай кыдырып, терип-тепчип материал жыйнаганы анык. О.Сыдыков 19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында жашаган нагыз санжырачылар менен бетме-бет олтуруп сүйлөшкөнүндө талаш жок. Ал эми С.М.Абрамзон болсо 200 дөн ашык карыя информаторлор менен маектешкен. Биздин тизмеде 150 карыянын аты-жөнү турат. Я.Винниковдун тизмесин кошсок алардын жалпы саны 500 гө чейин чамалайт. Алардын көпчүлүгүнүн аты-жөнү китептерде жарыяланган, илимий коомчулукка белгилүү. Булардын арасында санжырачылар азыраак, көпчүлүгү кары сөзүн капка салган, сабаттуу адамдар эле. Кылымдын аягындагы өзүн санжырачы атап, жумурай-журтка жар салып жүргөндөр кимдер? Алардын басымдуу көпчүлүгү 60 - 70 жаштагы, Октябрь революциясынан кийинки жарык дүйнөгө келген орто, жогорку билими бар инсандар. Кесиптери боюнча да ар кыл. Аларда материал жыйноо боюнча илимий мекеме бекиткен программа, жолдомо жана эстелик жок. Ошол себептүү алар айтып жана жазып жүргөн санжыралар кадимки жөө жомктон аз эле айырмаланат. Алардын ичинде окуяны, фактыны кайсы тарапка болбосун өзгөртүп ар кыл, ар түр бере тургандары да кездешет. Бирок алардын баарын бириктирген урук, уруу жана эл жөнүндө кабар жыйноо жакшы максат болгонуна карабастан, алардын баарына тиешелүү дагы бир орчундуу кемчилик бар. Байкоо, салыштыруу, анкета таратуу, сандык методдорун колдонбогондугунда турат. Алар ургундулай сурамжылоо ыкмасын пайдаланышат.
           1991-жылдын октябрь айында Жети-Өгүз районундагы «Ысык-Көл» агрофирмасынын, колхозунун жетекчиси Турат Султанов тарабынан уюшулган «Республикалык» деп аталган санжырачылардын бир жумага созулган талаш-таймашы болду. Бул талаш-таймашка 150 дөн ашык адам катышып, жеңип чыккандарга баалуу белектер, сыйлыктар, ал эми анын катышуучуларына «Санжырачы» - деген наам берилди. Жыйындын уюштуруучуларына мындай укукту эч ким бербеген. Баарыдан мурда талаш-тартышка катышуучулардын арасында жогорудагы биз атаган 500 информатордун бири да жок. Жыйындын материалдарын жазып алууга, же тасмага түшүрүүгө тыюу салынгандыктан алар колхоздун жашыруун менчигине айланды. Кийин сын алгы, үн алгы жана мезгилдүү басма сөздөрдүн бетинен айрым катышуучулардын айткандары менен тааныша баштадык. Айрым авторлордун кабарлары «Чакан ишканалар» тарабынан басылып чыга баштады.
           Ошентип колхоз, агрофирма өзүнө өтө оор, жооптуу жүктү мойнуна алды. Анын өтө сейрек кубулуш экенин белгилөө үчүн, ал миссияны ушул күнгө чейин кесиптешкен илимий институттар, кафедралар ага батына алган эмес. Бул «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл», «Атың чыкпаса жер өрттө», - дегендей болду...
           Кулак угуп, көз көргөн материалдар жөнүндө эмнелерди айтууга болот. Биринчиден, алардын басымдуу көпчүлүгү О.Сыдыков, А.Сыдыков, Н.Дублицкий, С.М.Абрамзон, Я.Винников, Тоглок Молдо ж.б. лардын изилдөөлөрү менен толук тааныш. Экинчиден, илимий коомчулукка али белгисиз өзүнүн уруусунун, уругунун жазма оозэки санжырасы менен тааныш. Үчүнчүдөн, алардын ичинде Кыргыз ИА кол жазма фондусунда сакталып турган материалдарды кеңири пайдалангандар да кездешет. Төртүнчүдөн, алардын көбү жыйнаган материалдарды кимден, качан алгандары жөнүндө ооз ачышпайт. Бул кырдаал алардын кабарын текшерүүгө болгон мүмкүнчүлүктү жокко чыгарат. Анткени кылымдын орто ченинде жашаган санжырачылардын аты, атасынын аты, адреси бизде бар. Этнография илиминин башка илимдерден айырмасы, анын изилдөөдөгү ыкмасында турат. Ал баарыга белгилүү тарыхый салыштырма методу. Этнографиялык маалымат салыштыруу жолу менен такталат жана илимий ата уулдук укугуна ээ болот. Ансыз ал сындыктан алыс, кадимки элдик оозэки чыгарма болуп кала берет. Анткени бүгүнкү күндө кыргыз урууларынын бир нече варианттан турган санжырасы бар. Ошол себептүү кээ бир санжырачылар Американы жаңы ачып, жаңыдан велосипедди ойлоп чыгарып жатышат.
           Ар бир санжырачынын вариантын ар тараптуу салыштырбай, изилдебей, тактабай туруп жарыялоо бери болгондо илимий адепсиздик, компетентсиздик. Анткени оозэки тарых да, элдик тарых да өздөрүнүн мыйзам ченемдүүлүгүнө баш ийет, ошого карабастан санжыра бүгүнкү күндө элдик оозэки чыгарма, фольклор катары каралып жүрөт. Чындыгында санжыра анын өзгөчө түрү. Ал ага гана тиешелүү метод менен жыйналат, изилденет. Ушуга байланыштуу элибиздин келип чыгышы, аталышы жөнүндө эмгектенген адамдар мурда санжырачы деп аталарын жогоруда белгиледик. Санжыра жазуу-чийүүгө чейинки маалымат. Ал пайда болгондо жазма булак менен алмашат. Ошол себептүү уруу, эл жөнүндөгү кабарларды жыйнаган адамдарды санжырачы деп атоого болбойт. Алар санжыраны жыйноочулар. Бур жерде бир салыштырууну келтире кетүү максатка ылайык. Убагында «Манасты» айтуучулардын оозунан жыйнаган Ч.Ч.Валиханов, В.В.Радлов, Каюм Мифтаков, ж.б. лар манасчы аталбаганы баарыга белгилүү. Санжыраны жыйнагандар деле ошол сыяктуу. Бирөөдөн укканын кагаз бетине түшүргөндөр, же айткандар санжырачы эмес, аны жыйноочулар.

                          САНЖЫРАНЫ ИЗИЛДӨӨНҮН ЖОЛДОРУ                                                                                                           (Мазмунга)

           Санжыраны чогултуу, изилдөө керекпи? Коммунисттик партиянын 70 жылдан ашык башкаруусунун мезгилинде буга тескери жооп берилген. Анын жергиликтүү сатраптары аны төмөндөгү жүйөөлөр менен бекемдешкен. Биринчиден, ал урукту, урууну, элди изилдейт. Мунун өзү өткөнгө кайрылуу болот. Ал уруучулуктун калдыктарын жандандырат. Биздин жаркыраган коммунисттик келечекке баруубузга жолтоо болот. Экинчиден элдик, улуттук бөтөнчөлүккө үйрөтүү улутчулдукка алып келет, интернационализмге каршы күч болуп саналат. Өз учурунда коммунисттер жактаган интернационализм, иш жүзүндө ашынган шовинизмге, маңкуртчулукка алып келгендиги жашыруун эмес.
           Эми элибиз боштондук, теңдик алып көз каранды эмес улуттук мамлекет болгон учурда санжырага элдин рухий маданиятына кандай мамиле жасалган болсо дал ошондой мамиле жасалыш керек.
           Кээ бир «санжырачылар» айтып жазып жүргөндөй санжыраны изилдөөнү жаңыдан башташ керек. Өткөн кылымдардын ичинде көп иштер бүткөн. Анын башатында Хванын ханы, илимий түркологиянын изилдөөчүлөрүнүн бири Абул-Гази турат. Кыргыздар жөнүндөгү элдик тарыхтын көбү 19-кылымда эле жыйналган, жарыяланган. Элдин санжырасынын мыкты нускалары жөнүндө да дал ошонун өзүн айтууга болот. Айтор колубуз куру эмес. Андай болсо, эмнеден баштоо керек? Барыдан мурда санжыраны жыйноо, жарыялоо кайсы илимий маселелерди чечүүгө көмөк берет. Турмуш өзү коюуп турган суроого тайсалдабай так жооп беришибиз керек. Биринчиден илимий санжыранын өзү кыргыз элинин келип чыгышы аттуу эң сонун, эң татаал жана аябай чаташкан маселенин чечилишине жардам берет. Өзгөчө анын составдык бөлүктөрүн аныктоодо өтө чоң роль ойномокчу. Азыр кыргыз элинин түзүлүшүнө кайсы уруулар, этникалык топтор катышканы жалпы жонунан белгилүү. Бирок алардын ар биринин алган орду али белгисиз. Дүйнө элинин тарыхында да абал ошондой. Аны конкреттештирүүгө мүмкүн эмес. Көчмөн, артта калган элдерде абал башкача. Тарых бизге эң аз учурай турган мүмкүнчүлүктү берип отурат. Биз андан баш тартпообуз керек. Ошону үчүн кыргыз эли кандай этникалык бөлүктөрдөн түзүлгөндүгүн курулай саноонун ордуна, алардын ал процесстеги үлүшүн арифметикалык сан менен далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат. Эгерде бул маселени кыргыз улутунун түзүлүшү менен байланыштырсак, анда санжыранын мааниси эки эсе артат.
           Азыркы мезгилде «Даанышман», «Санжыра», коомдору, Ленин атындагы республикалык улуттук библиографиясынын кызматкерлери, КМУнун студенттеринин күчү менен санжыра боюнча жарыяланган материалдарды чогултуу жана тартипке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ал жумуштар бүтөрү менен анын жыйынтыгы коомдун президиумунда каралып чыккан соң, облустук деңгээлде талкуу уюштурулат жана тиешелүү чечим кабылданат.

                          ЖАҢЫ КЫРГЫЗ САНЖЫРАСЫ                                                                                                           (Мазмунга)

           Кыргыз нааманын көрүнүктүү өкүлүнүн бири академик В.В.Бартольд кыргыздарды байыркы элдердин катарына кошкон. Бул азыр талашсыз чындык. Ушуга байланыштуу кыргыздарды этнос катары экиге бөлүүгө болот. Байыркы кыргыздарга 5 - 10 кылымдарда өзүлөрүнүн мамлекетин түзгөн 40 уруунун конфедерациясынан турган Борбордук Азияны мекендегендер кирет. Бул макро этнос, түрк, тунгуз, монгол элементтерин ичине камтып, саясий биригүүгө кыргыз ысмын берген. Бул этностун өзүнүн аймагы, тили жана жазуусу болгон. Кара кытайлык, монголдук (12 - 13 кылымдарда) басып алуучулардын геноциттик саясатынын натыйжасында ал этнос бытырап тараган. Тек таруудай чачырап башка этносторго сиңип кеткен. Кыргыз этносунун кайрадан пайда болушу Алтай, Тянь-Шань аралыгында жашаган этностор менен тыгыз байланышкан. Ага кырылуудан, ассимиляциядан аман калган кээ бир байыркы кыргыз урууларынын өкүлдөрү катышкан. Жыйналган этнографиялык материалдарга караганда аларга: Саруу, Мундуз, Кушчу, Аргын, Бугу (пулу), Азык, Черик, Дөөлөс, Дуулат, Багыш, Катаган, Уйсун (усун) ж.б. лар кирген. Булар байыркы кыргыз урууларынын атын сактап калган анчалык чоң эмес этникалык топтор эле. Булардын өз ара байланышын жаңы жерде бара-бара бекемдеген, ага адегенде Саруунун бийлери, анан Багыштын бийлери саясий үстөмдүк жүргүзүп турушкан. 14 – 15 кылымдан тартып бийлик жаңыдан түзүлгөн феодалдык төбөлдөрдүн башчыларынын колуна өтөт. Бий укумдан-тукумга, атадан балага калуу салты өкүм сүрө баштайт. Мындай топко мурунку Багыш уруусунун бөлүнүшүнүн натыйжасында келип чыккан; өзүлөрүн Өгүз хандын, Аналхандын, Кара-хандын ткуму деп эсептеген, кандын, баатырлардын өкүлдөрү кирген.Анын оболку өкүлдөрүнө: Калпак бий, Домбул бий, Долон бий киришет. Ушундан тартып кыргыз урууларынын кайра аталышы (дифференциацияланышы) башталат. Кыргыз этносу эки канатка кайра бөлүнөт. Эми бийлик Ак уулдун тукуму Отуз уул, Богачы, Солусбектерге өтөт. Алар кыргыз аталгандарды өз ара бөлүп алышат. Бул «Маджму ат-Таварихте» Солусбек Богачынын айылы (улусу), Отуз уулдун айылы (улусу) болуп берилген. Жазма тарыхта бар кабар азырынча ушундай башталат. Уруулардын айрым өкүлдөрүнөн урук, андан уруу түзүлөт. Ал эми жаңы тукумдан Чоңбагыш, Карабагыш, Сарыбагыш, Көкбагыш, Адигене, Моңкуш, Бостон, Тейит, Жоокесек, Кытай ж.б. сыяктуу, адегенде уруктар, андан кийин уруулар пайда болот. Жаңы аймактын жергиликтүү калкынын өкүлдөрү (сак, уйсун (усун) мурда түрктөшсө, кийин кыргыздаша баштаган. Жаңы түзүлө баштаган этноско сырттан келгендеодин өкүлдөрү кандашуу, союздашуу (бала кылып асырап алуу, кыз алыш, кыз берүү) жолу менен Коңурат, Канглы, Кыпчак, Моңолдор, Кытай (Кытай демекчи алар байыркы, кийинки Кытай болуп бөлүнөт), Курама ж.б. уруктары, уруулары келип чыгат. 17 – 18 кылымдарда Багыштуудан Бугу, Солто ж.б. уруктары жаш урууларга айланган. Феодалдык согуштардын натыйжасында колго түшкөндөрдүн уруу жетекчилери асырап ауусунан жана көп аял алуусунан казак, өзбек элдеринин тукумунан келип чыккан уруктар пайда болот. Алар негизинен Сарыбагыш уруусунун ичинде көп болгон. Кыргыз элине түздөн түз тиешеси бар этникалык топтордун кыскача баяны ушундай.
           Кыргыз санжырасынын легендарлык бөлүгү, бир кыйла үзүндүлөрдөн кийин (ал өзгөчө кыргыздын Домбул бийге чейинкилерди кучагына алат), жалаң гана бийлердин генеалогиялык таблицасы десек жаңылышпайбыз, санжыранын бул бөлүгүндө эл жок, анда бийлердин гана узун тизмеси бар. Андан кийинки инсандардын ысымдары Чыгыш хроникаларында (өзгөчө кытай, өзбек) кезиге калып жүрөт. Бул санжыранын тарыхый бөлүгү.
           Ааламда жашаган 5 миңден ашык этностордун баары ушундай, кандашкан, аралашкан. Анда эч кандай кемтик жок. Чынын айтканда биз - адмзат теги түбүн алса бир ата-эненин балдарыбыз. Андан бери келсек, Түрк атанын насилибиз. Ал биздин тарыхыбыз, басып өткөн жолубуз. Санжыра «атасын» тааныбаган, энесин эстебеген манкурттуктан кутула турган нерсе, анын түпкү максаты кыргыздарды урууга бөлүү эмес, аларды ким кайдан экенин билүүгө үйрөтүү. Кылымдар бою бир тилде сүйлөп, бир динге табынып, бир туунун астында жеңип, жеңилип, качып, качырып, Ала-Тоону мекендеп келгенибизди далилдейт. Кары тарых акыркы эки миң жылдыкта жүздөгөн этностордун жок болуп кеткенине күбө. Кудай, пайгамбар мээримин аябай, Түрк, Кыргыз, Манас аталардын арбактары колдоп, биз эки миң жылдык кармаштан аман чыктык. Мына ошого шүгүр.
           Эмесе сөз учугун улайлы. Бул санжыра түрк нааманын атасы Хиванын жана Абулгазинин «Түркмөн шежереси», молдо Сайф ад-дин Аксикентинин «Маджму ат-Таварих», О.Сыдыковдун «Тарых кыргыз Шадмания» аттуу эмгектерине жана С.М.Абрамзондун, Я.Винниковдун жыйнаган жана жарыялаган материалдарына таянып кеңешилген курама, кошмо «Кыргыз санжырасын» сунуштайбыз. Ал меники да, сеники да эмес. Анын автору эл. Ар кандай варианттардын бир биринен айырмасы өтө аз. Сөз кээ бир фамилиялардын же төмөн түшүп, же жогору чыгып, болбосо унутулуп калганында. Ал эми инсандардын ысымдары араб алфавитин ким кандай окуса ошондой берилип калган. Бул санжыра колдон келишинче элдик вариантын (кыргыздашкан) алууга аракет жасалды. Бул түп нускасын орой бузууга жол берилген жок. Карама-каршылык негизинен кыргыздардын оң жана солго бөлүнүшү жөнүндөгү кабардан келип чыгар. Аксикенттик молдо Сайф Ад-дин менен О.Сыдыковдун баяндамалары ар кандай. Биринчи автор эл оозунан жыйнаган материалдардан башка, андан мурунку авторлорго шилтеме берет. «Маджму ат-Таварихте» колдонулган булак катары «Таварих Моголита» жана «Таварих» и Зубдат ал-Башараны көрсөтөт (Университеттик вариантында». Бул кырдаал түпкү аталарды териштиргенде, О.Сыдыковго караганда молдо Сайф ад-динге көбүрөөк ишенүүгө болот. Ал эми берки ата-бабалардын тизмесинде О.Сыдыковго таяныч жасалды. Бул бизди тарыхый чындыкка жакындатат го деген ойдобуз. О.Сыдыков кыргыз хандарынын, бийлеринин таблицасын бир атанын балдары катары берет. Ал эми молдо Сайф ад-дин болсо эки атанын балдары катары берет. Жогорудагы жандырмактан кийин Абулгазиде жана түрк көчмөн урууларынын генеалогиясында болгон баяндаманы берели. Ал төмөндөгүдөй.
           Кээ бир тарыхчылар Аналхакты тарыхый инсан катары карап жүрүшөт. Бул кабар асыресе божомол болгондуктан биз ага токтолуп отурбай эле аңгемени уланта берели. Дал ушул жерден тарыхый булактарда, жазма документтерде эки ача санжыра келип чыгат. Маджму ат-Таварих боюнча Аналхактын эки уулу Багдад халифатынын Кара кытайларга каршы жасаган жүрүшүнө катышат. Лурбузуруг аскердин сол канатын, Лурхан оң жана сол

           Пропущено четыре страницы 39-42.

      дын башкаруучуларынан болгонун ырастайт. Андан сырткары Черик дал ошол төрөлөрдүн насили экенин айгинелейт. Бул булак О.Сыдыковдун Чериктердин чыгышы жөнүндөгү легендасын жокко чыгарат. Наалы эже менен Көкөнүн Черик менен Баймураттын эч байланышы жок экенин көрсөтүп турат. Жогорудагы санжыра боюнча Алтын ордонун башкаруучусу Токтомуш инка төрө менен кандаш тууган болуп чыга келет. Бул канчалык чындыкка жатары али белгисиз. Андан так материал болбогондон кийин изилдөөчү аны айланып өтө албастыгы түшүнүктүү. Мына ошентип 15 кылымда Орто Азияда 17 кыргыз уруусу же анын негиз салуучулары жашаган (Басыз, Мундуз, Кушчу, Чоң Багыш, Саруу, Кытай, Адигине, Монгуш, Кара багыш, Тагай, Тейит, Жоо кесек, Дөөлөс, Кыдыршаа, Бостон, Черик, Бугу). Анын ичинен Бугу, Черик, Баймурат Ак уул менен Куу уулдун балдарына кошулбай берилген. Алардын ысмы башка булактарда да кезигет. Саналып өткөн ысымдар айыл башчысынын, уруктун, уруунун аты экенин ачык айтуу кыйын. Эң маанилүүсү ушул ысымдар менен кийин кыргыз уруулары өздөрүнүн аташканында турат. Ысым жөнүндө сөз жүргөндө токтоп өтө турган бир жагдай бар. Ал уруунун ысмы жаныбарлардын аттары менен үндөшүп турушу. Аларга Багыш, Чон багыш, Кара багыш, Көк багыш, Бугу ж. б. лар кирет. Бул энчилүү аттардын келип чыгышы уруктун, уруунун диндик көз караштары менен байланыштуу. Бул байыркы элдерде кеңири кездешет. Уруучулук коомдо бутпарас динине ишенген айрым уруктардын, уруулардын айбанаттар дүйнөсүнөн колдогон пири болгон. Көп учурларда айрым баатырларды, айрым убакта уруктарга ошол пирдин атын беришкен. Муну аңдап олтуруп Багыштардын, Бугулардын Сибирден келгендигине күбө катары кароого болот. Буга кошумча дагы бир факты бар. Ал кыргыздардын айларынын аттарында Баш оона (Охна), Аяк оона (охна) деген аттар учурайт. Багыш (лось) жана анын музоосу Оона Сибирде жашайт. Орто Азияда бул ача туяктуу жаныбар эч качан болгон эмес. Ал бугунун бир туру. Кыргыздын Багыш уруусу бир кезде эң чоң саясий биригүүлөрдүн бири болгон. Кийин үч топко Чон Багыш (Улуу Багыш), Кара багыш, Сары багыш болуп бөлүнүп кеткен. Бул Тагай бийдин уулдары катары санжырада жана жазма булактарда берилген адамдардын, уруктун, уруунун атынан чакырылган экинчи аты болуп жүрбөсүн? деген мыйзамдуу суроого жооп. Анткени Тагай бий, Солусбек, Отуз уул уруктардын башкаруучусу, айыл көсөмдөрү ка¬тары баяндалат. Ал эми ошол улустардын, айылдардын калкы жалаң эле башчылардын уулдарынан жана кыздарынан турбашы анык.
           Эми таблицаны талкуулоого өтөлү. Солусбектин уулдары же анын карамагындагы уруктардын аттарына токтолсок, анын экөө (Дөөлөс, Кыдыршаа) байыркы кыргыз урууларынын атынан экени көрүнүп турат. Азыркы дөөлөстөр, кыдыршаалар ошолордун тукуму. Боштондук кыймылында кырылууга дуушар болгон, чачыраган уруулардын бири. Анын өкүлү Солусбекке асыранды болуп, анын жигити катары кызмат өтөгөндөй.
           Отуз уулдун насилдери катары көрсөтүлгөн төрт уулдун ичинен Кара Багыш Отуз уулдун букарасы - жигити этникалык топтун өкүлү катары кароого болот.
           Куу уулдун балдары катары берилген алты инсандын ичинен төртөө байыркы кыргыз урууларынын ысмы менен шайкеш келип олтурат. Булар Мундуз, Кушчу, Чоң Багыш, Саруу, Кыргыздарда бабасынын атын небересине, атасынын атын баласына койбоо, тергөө мыйзамына ылайык келген. Ошондуктан булар Куу уулга баш ийген урук¬тардын ысмы менен аталган. Ал эми Басыз, Кытай Куу уулдун эки айылынын тукуму, Басыз байбичеден, ал эми Кытай Куу уулдун токолунан төрөлгөн имиш. Элдик санжыра да ушул аңызды колдойт. Анын үстүнө Куу уулдун улусундагылар 12 - 19 кылымдардагы кыйраткыч жортуулдар болгон райондордо (Талас, Фергана) жашашкан. Алардын тукумунун аз болушунун бирден бир себеби да ошону менен түшүндүрүлөт. Алардын насилдери коңшу түрк элдери, асыресе өзбектерге, тажиктерге өтүп кеткен.
           Бул бөлүнүш 14 - 15 кылымга тиешелүү. Демек кыргыздардын жаңы этностук (байыркы кыргыз этносунан айырмаланган) биригүүлөрү пайда боло баштаган учур. Ал жаңы, Ала-Тоолук кыргыз элинин башаты. Жогоруда таблицаны эки атанын балдарынын тизмеси катарында карабастан уруктардын, уруулардын тизмеси катары карасак дал ушундай жыйынтыкка келүүгө болот. Ал эми аны үй-бүлө катары карасак, анда кыргыз этносу жөнүндө сөз кылууга негиз жок. Анткени эки кылымдын аралыгында бир үй-бүлөдөн, бир атадан уруу пайда болбойт.
           Эми экинчи курактагы кыргыз урууларынын бабасы Тагайдан баштайлы. О. Сыдыковдун жазганына kараганда анын уулу: Богорстон, Койлон жана Кылжыр болгон. Богорстондон Эштек, андан Солто, Солтодон Солто уруусу. Койлондон Жедигер деген уруу келип чыккан. Кылжырдан Орозбакты Дөөлөс эки уулу Орозбактыдан Бугу уруусу, Дөөлөстөн Сарыбагыш уруусу келип чыгат. Солто уруусу 20 кылымдын башында 15 миң түтүн, Сарбагыш 8 - 10 миң түтүн, Бугу 9 - 10 миң түтүндөн турган (О.Сыдыков. Тарых. Кыргыз. Шадмания. Уфа, 1914, 30 – 31-бет). Этнография илиминде кабыл алынган эсеп боюнча ар бир тү¬түн 4 - 5 адамдан турса кылымдын башында Солто уруусу 50 - 60 миң, Сарыбагыш 40 - 50 миң, Бугу 45 - 50 миң адам- дан турган (Бул жалаң эле аталган уруулардын насилдери эмес, алардын кол алдындагылардан да турган. Чынын айтканда бир нече уруулар¬дын жыйындысы, Союзу). Бул үч чоң уруунун ичинде алардан башка бир нече майда жана чоң уруулар киришкен. Чындыгында ал Солто уруусу, Сарыбагыш, Бугу уруулары үстөмдүк кылган уруулардын курамасы, союзу болгон.
           Алардын эң ирилери кыргыздашкан сактар (саяктар), байыркы кыргыз этносунун насилдери: Азык, Дөөлөс, Мундуз, кийинки жээн кыргыздарга: Канглы, Моңолдор, Конурат жана башкалар кирген.
           Мындан аркысын уруулар боюнча жүргүзөлү.
           Санжыра, уламыш жана кээ бир жазма булактар кыргызды дүйнөгө биздин заманга чейинки 1830-жылдары келген делинет. Бул Мухаммед пайгамбардын туулганга 3400 жыл мурун, башкача айтканда 4778 жылды кучагына алат (О.Сыдыков. Тарых. Кыргыз. Шадмания. Уфа, 1914, 26-бет). Биз келтирген таблица хандардын, бийлердин тизмеси болуу менен ага көп инсандардын ысмы кирбей кал¬ган. Ушул себептүү санжыранын бул бөлүгүн хандардын, бийлердин толук эмес хронологиялык таблицасы деп кароого болот. Болмуштарда Өгүз хандын, Түрк атанын ордосу Жашыл-Көлдө (Ысык-Көлдө) болгону айтылат. Бул аңыз кыргыздардын оболку мекени азыркы жердеген жери экенин кыйыр түрдө ырастайт. Алардын Чыгышты көздөй жылуусу кийин болгон. Ал эми алардын түп ата-бабаларынын жерине кайрылуусу улуу хандыкка (9 - 10 кылым) жана кийинки кылымдарга туура келсе керек.

                          ЭТНОСТУН БАШАТЫ                                                                                                           (Мазмунга)

           Этнос грекче уруу, эл деген тушунукту берет. Этнос дегенибиз уруу, эл, улут деген адамдардын чоң жалпылыгын билдирет. Адам баласынын биринчи чоң жалпылыгы уруу. Ал энелик жана аталык уруу болуп экиге бөлүнөт да адамзаттын үч миллион жылдан арбыныраак тарыхын өзүнө камтыйт. Уруучулук жалпылык жеке менчик, патриархалдык үй-бүлө, мамлекет келип чыккандан кийин элге айланат. Ошентип элдик жалпылык келип чыгат. Уруунун ага гана тиешелүү мүнөздүү белгилери бар. Ал Л. Морган, Ф. Энгельс тарабынан такталган. Аларга: 1. Уруулук тил (диалектиси), 2. Аймагы, 3. Диндик жалпылыгы (бир кудайга сыйынуу, жалпы көрүстөнү), маданий жалпылыгы (ураан, тамга, санжыра) кирет. Андан сырткары саясий жалпылык уруунун уруу башчысы, акса¬калдар кеңеши, уруулук жыйын. Аксакалдар кеңешинин сунушу менен уруунун жетекчисин, аскер башчысын шайлоо дал ошол жыйында жүргүзүлгөн. Анда согуш, тынчтык, көчүү маселелери каралган. Ар бир уруунун айрым инсандарды, топту, урукту уруунун уулу кылып кабыл алууга укугу болгон. Жеке адамдарды, уруунун айрым мүчөлөрү асырап алса, топту, урукту уруулук жалпы жы¬йында кабылдаган. Мына ошентип алмуздактан тартып уруу эки жактан толукталган: 1. Табигый өсүш. 2. Жасалма өсүш - буга асырап алуу кирген.
           Уруунун өмүрү эки жол менен улангандай эле эки түрлүү токтогон. Биринчисин бүткүл адамзат басып өткөн. Ал майда уруктардын биригип бир урууну түзүшү. Ал уруу бара-бара өсүп, а дегенде кандаш уруулардын, же жеңип алган уруулардын бирикмесин түзгөн, ал бирикме акыры элге айланган. Бул өтө узун мөөнөттү талап кылган.
           Экинчиси, айрым этностордо кезиккен өзгөчө жол. Ал уруунун табигый өсүшүнө ар кандай ички жана сырткы күчтөрдүн таасири астында, же географиялык шарттын жардамы менен өсүп чоң уруулардын биригүүсүнө жетпей калат. Тескерисинче ага кирген кандаш уруктар, бир атанын балдары бара-бара уруудан бөлүнүп, өзүнчө урууга айланып кетет. Өсүштүн бул жолу көчмөндөрдө, өзгөчө кыргыздарда өтө даана байкалат. Кыргыз этносунун элге чейин өсүшү Борбордук Азияда 9 - 10 кылымдарда болгонуна карабастан, 11 - 12 кылымдарда саясий, согуштук күчтүн таасири астында кыргыздар бытырап бөлүнүп кеткен. Алардын кайра этноско биригүүсү Орто Азияда башталган. Бирок 14 - 16 кылымдарда ал уруулук деңгээлден, кээде уруулук федерациянын деңгээлинен жогору көтөрүлө алган эмес. Ага эки чоң себеп болгон.
           Биринчиси географиялык шарт: Кыргыздын ири уруулары азыркы Кыргызстандын айрым өрөөндөрүн ээлеген, ошондуктан анын чегин кеңейтүүгө мумкун болбогон. Экинчиден калмактардын, кокондуктардын, кийин Орус падышачылыгынын колонизатордук саясаттары кыргыздардын биригүүсүне катуу тоскоол жасашкан. Алар кыргыздардын уруулук бөлүнүшүн консервалашкан. Мына ушу себептердин натыйжасында кыргыздарда уруучулук түзүлүштүн калдыктары сакталган. Бул биздин трагедиябыз. Анткени элибиздин аң-сезиминде санжыра гана сакталбастан, уруулук доордун залалдуу кесепеттери да сакталган. Эгерде цивилизациялашкан элдерде уруулук түзүлүштүн институттары небак тарыхтын архивине түбөлүккө өткөрүлсө, бизде ал али тирүү. Ошол себептүү уруучулукка - трайбализмге каршы аоесуз күрөш жүргүзмөйүнчө, анын тамырын куйкаламайынча, жулмайынча биздин алга жылуубузга ал тоодой тоскоол болуп кала берет.
           Бирок бул саясаттын иши. Ал эми тарыхтын бул феноменин керексиз нерсе сыяктуу ыргытып ийүүгө болбойт. Аны изилдвөө керек. Анын реакциячыл жактарын элге баяндоо зарыл. Бул илимдин иши. Коомдук формациянын, адамзаттын, тарыхынын эң узун, эң оболку доорунун кал- дыктарын ар тараптуу карап чыгуу, анализдөө абзел. Ал биздин тарыхыбыз, өмүр баяныбыз. Ошондуктан ал канчалык эски, реакциячыл болгонуна карабастан, ал кандай болсо дал ошондой баяндоо илимдин, илимпоздун парзы. 5 - 10 кылымдарда кыргыздар 40 уруунун федерациясынын башында турушкан. Анын ичинен канчасы даана кыргыз, канчасы тунгус, монгол, түрк урууларынан экени жөнүндө кабар жок. Бирок алар кыргыз хандыгынын курамасында болгондугу шексиз. Конфедерациянын аты кыргыз этносунун ысмы менен байланышканында терең маани жана чечилбеген сыр жатат. Ал курамада кыргыз¬дар саясий үстөмдүк гана кылбастан анын калкынын басымдуу көпчүлүгүн түзүшү ыктымал.
           Ар бир этностун тарыхында чогулуу, көбөйүү, тароо, пайда болуу жок болуп кетүү процесси бар. Бул өзгөчө байыркы этносторго тиешелүү. Мунун себептери ар кыл: көбүнесе ага согуштар күнөлүү. Турк этносунун башаты Орто Азияда деген кабарга караганда алардын биринчи чабуулдары, же жаңы жерди өздөштүрүүлөрү акырында башка бир кеп, күчтүү этностун, кысымчылыгы астында жер которуштуруусу Чыгышты көздөй болгон. Узак кылымдар бою Чыгыш, Борбордук Азияны өздөштүргөндөн кийин, батышка карай умтулуу (калк көбөйүп, элге жа¬ңы журт, малга жайыт керек болуп) келип чыккан. Ушул улуу көчкө кыргыздар да катышкан. Бул жерде биз гундардын, түрктөрдүн чабуулун эске алып отурабыз. Ал эми 9 - 10 кылымдарда, кайра көчүү кыргыздардын улуу хан¬дыгынын мезгилинде болгондугу талашсыз. Кийин кыргыздар Чынгыз хандын чабуулуна да катышкан. Мына ошондо майда этностор чоң этностордун көлөкөсүндө, алар уюштурган кураманын ичинде калып, узак убакыт дарексиз болуп кеткен. Алардын бири кыргыздар.
           Абулгазы кыргызды Өгүз хандын небереси катары кабардаганын айттык. Ошол жана башка даректерге караганда Өгүз хандын ордосу Жашыл-Көлдө (Ысык-Көлдө) болгон делет. Тек жазма булак элдик ооз эки тарых, түрктөрдүн Чоң үйү легендарлык мезгилде Ысык-Көлдө болгон.
           Мына тоодон түзгө, түздөн тоого, оошкон мезгилде кыргыздар мезгилдин элегинен өтүп, кимдер менен гана аралашпады. Бирок жерге чачылган дан сыяктуу, анын укум-тукуму түшкөн жеринде өнүп, өсүп этностун жашоосун уланта берди. Кайсыл бир кезде бир нече тоголок дандан, он чакты баш өсүмдүк өнүп чыкты. Бир кездеги чоң уруудан бир эки уул калып, алар өзүлөрүнүн этностук аң-сезимин сактоо менен өзүнүн адепки уругунун, уруусунун атын чакырат, балдарынын атын коюп, тамгасын, энин малына басып, ураан чакырып келди. Башкалары - алсыздары үстөмдүк кылган этнос менен аралашып кетишти, же тукум курут болушту. Ушуга байланыштуу тирүү этностордун тарыхында «кайра жаралуу» «айлантма» процессинин бар экенин айтуу абзел. Ал өзүнүн ичине этностун тарашын, кайра пайда болушун алат. Ал кыргыздардын этникалык тарыхында эки процессти кучагына алган. Биринчи Чоң, адепки уруунун тарашы, кыйрашы, анын кээ бир урпактарынан кайра пайда болушу. Экинчи Чоң уруунун, адепки уруунун курамасына кирген уруктардын, өзүнчө урууга айланышы, башкача айтканда жаңы уруунун - этностун пайда болушу. Бул эки про¬цесс - көчмөн жана жарым көчмөн элдерде кезигет. Ал эми кыргыз этносунда классикалык түрдө байкалат. 14 -18 кылымдарда кыргыз этносунун катарына сырттан кошулган, бирок адепки этностук ысмын сактап калган уруулар - этностор пайда болот. Орто Азия, Казакстандагы этникалык процесстен айырмаланып бул негизинен «энелик» сызык менен жүргөн. Көпчүлүк учурда кыргыздар менен коңшу этностордун өкүлдөру менен кыз алуу - «кандаш» жолу менен пайда болгон. Ал төмөндөгүдөй: Кыргыздын бийлери коңшу элдердин өкүлдөрү менен кудалашып кыз берип, кыз алып турушкан. Мисалы, Тагай бийдин балдарынын бири кыпчактын өкүмдарынын кызына үйлөнгөн, анын эжеси монгол эмирлеринин биринин өкүлүнө күйөөгө чыккан. Башка бир бийдин уулу кытайдын императорунун, же анын айланасындагы бирөөнүн кызына үйлөнгөн. Мына ушундай жол менен Канглы, Коңурат, Найман жана башка уруктары, уруулары келип чыккан. Сөздүн төркүнү ким жат, ким өз экенинде эмес. Бул тек уруулук тузулуштун калдыктары кеңири тараган кыргыздарда токол аялдын балдары энесинин уруусунун, элинин атынан кемсинтип чакырылуучу. Анын төрөлгөндө азан чакырылып берген ысымы унутулуп калуучу. Бара-бара Кытай аялдын балдары - кытай, найман аялдын балдары Найман, коңурат аялдын балда¬ры Коңурат аталып кетишкен. Кийин алардын ичине анын таякелери да кириши мумкун.
           Мына ошентип кыргыз этносу жалаң гана эки бөлүктөн (оң-сол) турбастан, энелик ысмы менен аталып жүргөн коңшу элдердин жээндеринин тукумунан турат. Би¬рок алардын атасы нагыз кыргыз, өзүлөрү кыргыздар. Кээ бир уруктардын, уруулардын аттары Ала-Тоого кийин көчүп келген башка элдердин атынан аталып калган. Би¬рок бул кыргыздарда өтө сейрек кездешет. Мына ошен¬тип кыргыздар кыргыздардан, кийин кошулган жээндеринен, таякелеринен, курандылардан, кириндилерден жана ассимиляциялашып кеткен жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн турат. 15 кылымдан тартып кыргыздар Орто Азияда жана Чыгыш Түркстанда жыйылуу процесси башталып, аймакта саясы, согуштук күчкө айлана башташат. Ошондо алардын кек желеги, кашка таман тамгасы ( ) Көкө, Каратал урааны пайда болот (Бул кабарды окумуштуулар дүйнөсүнө Гродеков Н. И. жана Маллицкий Н. Г. тартуулашкан.). Бул фактынын өзү кыргыз наамасына анын бир татаал маселесин чечүүгө, кур дегенде туура багыт алууга жардам берет. Биринчиден кашка та¬ман тамга Саруу уруусунун адепки тамгасы (кийин анын ар бир уругу өзүнчө тамгага өтүп кеткен), экинчиден Каратал баатыр ооз эки тарых боюнча дал саруулардын өкүлү. Кийин саруулар кыргыз союзунун жетекчиси болбой калгандан кийин ал белгилер башка белгилер менен алмашкан.

                          АРКАЛЫК ЖАНА ИЧКИЛИК КЫРГЫЗДАР                                                                                                           (Мазмунга)

           Кыргыз наама, илим катары Эне-Сайда, Теңир-Тоодо жашаган кыргыздарды изилдөөдөн башталган. Анткени саякатчылар, кытай, орус, венгер окумуштуулары, мына ошолордун аймагында болушкан. Улуу империялардын кызыкчылыктары дал ошол жерден кезигишкен. Азыресе, Эне-Сайлык кыргыздарды Чарлар кырып таштадыбы же калмактар менен макулдашып туруп көчүрдүбү? Белгисиз. Бул орус падышачылыгы мезгилинде «жашырын» болгон, бирок коммунисттик империянын убагында анын өтө «жашырын» сырлардын катарына кирип, ага тиешелүү архивдик материалдар (Орус казак атамандарынын чептердин жетекчилеринин отчеттору), жети кулпулуу ящиктерге катылып, изилдөөчүлөргө берилбей келгендигин жогоруда айттык.
           Окумуштуулардын изилдөөсү 1956-жылы Бишкек шаарында «Кыргыз элинин келип чыгышы» аттуу өткөрүлгөн илимий конференциянын рекомендациясы боюнча, кыргыздар Борбордук Азиядан келген жана жергиликтүүу калктын аралашмасынан калыптанышкан (Труды Киргизской комплексной археологическо-этнографической экспедиции, т. I, М.: 1959.) делинген. 1953 - 1955-жж. иштеген археологиялык, антропологиялык, этнографиялык, тилдик изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн, ошондой эле конференция өзүнүн рекомендациясында алардын жыйынтыгына таянганын баса көрсөтүү керек. Бирок бүгүнкү күндө ушул кырк жылдан ашык мөөнөттүн ичиндеги маселе дал ошол бойдон ордунан козголбой турганы өкүнө турган нерсе.
           Кыргыздарды оң солго бөлүү адатка айланды. Бирок ал изилдөөчүлөр тарабынан жомоктон «чындыкка» айланган, көкөйдү көк туздай кескен бир жактуулук. Бул баягы цитат келтируу, классиктерден ар маселеге жооп издөө, табуу доорунун тун баласы. Чынында кыргыздарды ааламга таруудай чачылган байыркы эл катары карай коюу аздык кылат.
           Кыргыз наамада этнографиялык материалдарга, элдик ооз эки чыгармаларга өтө ишенбөөчүлүк менен мамиле жасоо, статистикалык материалдарга сан методуна таянуу кеңири кулач жайган. Бул эмгекте дал ошого карама-каршы элдик тарыхты (ооз эки) пайдаланууга далалат жасалды. Бирок аны кыргыз тарыхынын бирден бир булагы катары кароого такыр эле болбостугун айтуу парс. Ал элибиздин басып өткөн жолуна бир тараптан көз жүгүртүү. Тарыхты жасоочу элдин өзүнөн өзү жөнүндө сурамжылоо, жыйноо, тактоо болуп саналат. Бул кошмо ва- рианттын авторлору үч жүзгө жакын информаторлор, ондогон окумуштуулар. Алардын баарына шилтеме берүү мумкун эмес.
           Ошол жыйналган материалдар да Орто Азиялык кыргыздардын өз ара бөлүнүшү тууралуу материалдар бар. Ал боюнча Ала-Тоолук кыргыздар илгертеден аймактык жагынан ичкилик жана аркалык болуп экиге бөлүнгөн. 18 - 19 кылымдарда «Анжыяндык жана Аркалык» деп аталчу экен. Ичкилик деген ички, түздөгү мурунку кыргыз, аркалык жаңы сырткы, тоолук кыргыз. Ушул себептүү кыргызды ата-бабабыздын салтын улап эки чоң топко Аркалык жана Ичкилик деп бөлүп, ал эми аркалыкты өзүнүн ичинен эки топчого оңго жана солго бөлүүнү туура таптык. Ал эми кыргыз элине кийин келип кошулган, бирок өзүлөрүнүн этностук атын сактап калган, кыргыздар менен кылымдар бою чогуу жашап анын тилин, дилин ураанын, тамгасын кабыл алгандарды аймактыгы жана кандаштыгы боюнча тигил же бул топко ыйгаруу оң деп ойлодук.

                          АРКАЛЫК КЫРГЫЗДАР                                                                                                           (Мазмунга)

           ОҢ ЖАНА СОЛ ЖӨНҮНДӨ
           Түрк, монгол элдеринде бир этносту эки канатка бөлүү адаты бар. Ал өзгөчө анын көчмөндөрүнө тиешелуу. Бул макроэтносторго таандык кубулушту кыргыздар ме¬нен монголдордон өтө даана көрүүгө болот. Жазма адабияттарда аны согуштук аскердин эки тарабына күчтүн жайланышы менен түшүндүрөт. Ал эми ооз эки тарыхта, санжырада ал бир ата-энеден төрөлгөн эгиз уулдун ысмы менен байланыштырылат. Мисалы, кытайда жашаган кыргыздардын бул жөнүндөгү болумушун Үсөнбай Ажы төмөндөгүдөй кабардайт. «Эми Долон бийден Ак уул, Куу уул... Мындай оң, сол деп аталып калышындагы себеп: Энеси Ак уулду оң бөйрөгүмдө жаткан, Куу уулду сол бөйрөгүмдө жаткан дегенинен оң, сол деп аталып калган (Кыргыздар. 82-бет.). Т. Молдонун жана жыйырмадан ашык информаторлордун айткандары бул версияны аныктайт. Айырмасы биринчи топ, ат коердо, экинчиси кимиси улуу дегенде эненин берген жообу. Ак уул мурда тушкен ошондуктан ал улуу, Куу уул кийин түшкөндүктөн - кичуу делинет. Информаторлордун экинчи тобу Долон бий Ак уулду дайыма оң тизесине солду сол тизесине отургузуп, оң жүргөндүктөн оң жана сол деп аталып калган имиш. Эки варианттын тең ишенерлик аргументтери начар. Бирок элдик тарыхтын суроого берген жообу ушул.
           Түрк, монгол элдеринин ордолук адаты боюнча хандын жакындары, анын тагынын оң жана сол тарабында отурганына жараша да экиге бөлгөн.
           Кыргыз этносу өзүнүн узун жолунда жыйылуу, чачылуу процессине алда канча ирет дуушар болду эки канатка ал үч жолу бөлүнгөн. Биринчиси 6 - 10 кылымдарда байыркы Енесайлык кыргыздар бөлүнсө керек. Бирок ал жөнүндө толук дарек жок. Аны Орто Азиялык кыргыздардын коомдук түзүлүшүн - байыркы Энесайлык кыр¬гыздардын коомдук түзүлүшүн болжолдуу көчүрмөсү ка¬тары кароого болот. Анткени көпчүлүк элдерде оңго жана солго бөлүү аскердик жайланышында гана кезигет. Ал эми кыргыздарда ал коомдук, социалдык түзүлушкө өтүп кеткен. Башкача айтканда бул этностун пайда болушу, тарашы жана жайланышы менен тыгыз байланышат. Анын башаты патриархалдык чоң үй-бүлөгө, бир кандаштыкка барып такалат. Кыргыздардын оң, солго экинчи бөлүнүшү 12 кылымга туура келет. Ал жөнүндө Сайфедин Аксикентинин (Маджуми ат-Таварихинде» (Тарых жыйнагы) төмөндөгүдөй дарек бар. Ал боюнча 1127-жылы Араб халифинин аскер башчысынын кара кытайларга каршы жүрүшүндөе Наманган тоолорунда жүргөн кыргыздын Аналхакынын эки уулу Лурбузуруг жана Лурхан келип кошулуп, биринчиси аскердин оң канатына, экинчиси сол канатына командалык кылып, кара кытайларды жеңишет. Мына ошондон тартып кыргыздар оңго жана солго бөлүнүп калышат (Материалы по истории Кыргызии. Вып. I, С.). Бул 15 кылымдын акырында жазылган эмгек. Бул кабардын мааниси, башка булактардай эле кыр¬гыздар Чыгыш Тянь-Шанда (балким батышында да) 9 - 12 кылымдарда жашашкандыгына күбө. Баарыдан мурда жүрүштөн аман келген кыргыздын насилдери Чы¬гыш Түркестандан (түштүктөн) түндүк батышты карай жайланышына карата айтылат. Үчүнчү жолу эки канатка бөлүнүшү жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөндөй Долон бийдин эки уулунан башталат. Бирок ошонун өзү жатындаш эки бир тууганбы, же эки уруунун союзубу? Бу¬га жооп берүүгө көмөктөш болгон материалдар азырынча жок. Ошол себептүү элдик санжырадагы дарек күчүндө калат.
           Кыргыз наама боюнча болгон жазма жана ооз эки кабарларда байыркы кыргыздарга тиешелүү - кыркуруулу кыргыз деген аныз бар. Ал Манас эпосунда да кезигет. Ал эми «Маджуми ат-Таварихта», - Отуз уул Тагай бий¬дин агасы, 15 кылымдын биринчи жарымында жашаган инсан катары баяндалат. Үсөн Ажынын санжырасында, «кыргыз кырк уулдан тараган болуп, 30 уулдан түндүк кыргыздар, 10 уулдан ичкилик (кыпчак) кыргыздар таралат» (Усен Ажы. Кыргыздар. 82-бет.) делинет. Усен Ажы башка изилдөөчүлөрдөн айырмаланып Ичкилик кыргыздарды Долон бийге жана Тагай бийге да жармаштырбайт. «Булар, деп жазат, - ал До¬лон бийдин бутагына кирбейт. Нараак жактан кошулат» (Ошондо).
           Академик В. В. Бартольд Ханзу жана Чыгыш булактарына таянып кыргыздардын онунчу кылымда эле батыш Тянь-Шанга, Шыңжанга келгендери жөнүндө жазган. Биринчи жолу 840-жылы Чыгыш Түркестанга качып келген уйгурлардын арасында кыргыздар болгон, экинчи жолу кыргыз аскерлери быякка аскер оторчулары катары келип туруп калышкан (Бартольд В. В. Кыргыздар. 78-бет). Бул жыйынтыкка ал кытай жазмаларына жана «Худудал аалымга» («Дүйнөнүн чек арасы») таянып жазган. Жогорудагы айтылгандарды жыйынтыктап Орто Азияга биринчи кайра келген кыргыздарга ичкиликтер жана сол тобу келгендигин божомолдоого болот.
           Булар 40 уруулу кыргыздын өкүлдөрү. Алардын санжырасы уруунун атынан башталат да кыргызга кайсы жерден кошулары, же ал түп баба кайсы кыргыздын уулу экени белгисиз.
           Узак убакыт негизги этностон бөлүнүп калган топ, чачылып жок болуп кеткен эски уруунун атын жана анын кыргыз экенин гана баамдап калган. Буга анын өкүлдөрүнүн дыйканчылык менен кесиптенген жергиликтүү эл менен коңшулаш жашаганы да таасир этпей койгон эмес. Бирок кылымдар бою өзүнүн этникалык дүмүрүн - кыр¬гыз экенин унутушпаган. Бул кыргыздарда өзүн өзү таануу касиети аң-сезимдин өтө терең жеринен орун алганына күбө. Эгерде өзүн кыргыз деп айтса мейли орто кы¬лымда, мейли жаңы доордо болсун кеп ыңгайсыздыкты коркунучту туудурганын эске алсак, анда бул ысымдын өзүнө тартуу күчү, аз кезиге турган касиети бардыгын айгинелейт. Бул 9 - 10 кылымдардан тартып Орто Азияда жашаган Аздар, (Азык) Кушчулар жана башкалар гана эмес, Борбордук Кытайда, Гобиде, Тибетте, Башкарстанда жашаган кыргыздарга тиешелүү. Кыргыздардын «тоолук» өзгөчө генефондусу гана болбостон, башка этностордо сейрек учурай турган өзүн өзү таануу, ыйгаруу касиети өтө күчтүү өнүккөн. Бул өзүлөрүнүн үч атасын билбеген, бизден миңдеген километр алыста, башка этностордун арасында узак убакыт жашаган инсандарга да тиешелүү экенин айтуу абзел. Алардын бир тобу кыргыз тилин билишпейт. Ошого карабастан өздөрүн кыргызбыз деп аташат. Ушуга байланыштуу кыргыздардын белгилуу топтору (кабарга караганда гундар менен батышты ка¬рай кеткен) Орто Азияга батыштан, тактап айтканда Түндүк Сириядан (Румдан) Иранга, андан Арабстанга, андан Индияга, андан Тибет аркалуу Чыгыш Түркестанга, андан азыркы мекенине келгендер бар деген уламыш бар. Асыресе, анын аныгына жете турган документтер жок. Бул маршрут менен келгендерге ичкиликтер жатат деген информатор Улаков Коңкайты (Кызарт совхозу, Жумгал району, Нарын облусу, 89 жашта. 1951-жыл). Так эмес кабарларга караганда бул маселе америкалык кээ бир окумуштуулардын кеңүлүн бурган. Бирок так информа¬ция азыр жок.
           Жогоруда кырк уруулу кыргыз жөнүндө сөз болду. Байыркы кыргыздардын жазуусу болгонуна карабастан бул жөнүндө дарек жок. Дагы эле санжырачылардын эсине кайрылууга мажбурбуз. Андай документ Кыргыз Республикасынын ИА кол жазма фондусунда сакталып турат. Аны биринчи жолу профессор Б. Жамгырчинов жарыялаган. Байыркы кырк уруулу кыргыздын - уруулардын союзунун катарына төмөнкүлөр кирген: 1. Дөөлөс, 2. Катаган, 3. Багыш, 4. Молой, 5. Калча, 6. Тейит, 7. Жоокесек, 8. Бостон, 9. Набат, 10. Жүз, 11. Нойгут, 12. Душара, 13. Окчу, 14. Кара-калпак, 15. Шыба, 16. Серип, 17. Жедигер, 18. Канды, 19. Бадаң, 20. Кыдыршаа, 21. Кызыл, 22. Айчак, 23. Басыз, 24. Мундуз, 25. Кушчу, 26. Кылыч айчак (Кылыч тамга), 27. Түрк, 28. Самас, 29. Кыпчак, 30. Талоо, 31. Жетиген, 32. Саяк, 33. Сапырая (Сапарбай), 34. Көлөп, 35. Гардай, 36. Найман, 37. Шыгай, 38. Көкүнө (Көкү), 39. Багылык, 40. Аяк (Кырк аяк) (Белек С. Е. Малову. Сб. статей. Фрунзе, 1947. С. 35-36.). Коңкайты Улаковдун жана Чодо карыянын жана Көкүмбайдын санжырасы боюнча (Чодо Карыянын фамилиясы жана омур баяны жазылган дептер жоголгон материалда болуп калды.). Булардын айткандары Тоголок Молдонун санжырасынын булагын түзөт. Кара-Калпактан кийин Ак-Калпак деген ысым бар, жазма даректерде экөө биригип калпак болуп жүрөт. Дагы бир кошумча Багылыктын ордуна Дуулат деген уруунун ысмы бар экенин эске салуу керек. Ысмы аталган уруулардын бардыгы Байыркы кыргыздардын конфедерациясына кир- гендигин далилдеш кыйын. Анткени бул тизме кийин түзүлгөн. А. Чоробаев аны Т. Молдого ыйгарса, К.Улаков саяктын манабы Кокумбай Чыны уулуна ыйгарат. Кыпчый кете турган нерсе «Көкүмбайдын көк дептери» 1970- жылдары жиксиз жоголду. Көкумбайдын, биз көргөн сан¬жырасы Т. Молдонун «Кыргыздар» жыйнагына чыккан санжырасына окшош. Айырмасы Т. Молдо - санжырага адабий кийим кийгизген. Аны окурман, угуучу кызыккандай кылып баяндаган. Көкүмбайдын санжырасында ал жок. Бирок экөөнүн тең булагы бир жерден. Анткени санжырада жумгалдык саяктардын, өзгөчө Курманкожонун тукумдары өтө кеңири жана так берилген (1990 - 1992-жылдары ошол санжыранын бир аз башкачараак вариантын Бишкек шаарынын тургуну Мустай уулу Боотайдан табылды. Ал «Кыргыз санжырасы» деген ат менен Кыргыз ИА кол жазма фондусунда, көчүрмөсү бизде турат. Мустай уулу Боотай ал санжыраны узак убакытта ондогон карыялардан жазып алган. Изилдөө, салыштыруу Көкүмбайдын санжырасына бир топ кошумчалар киргизилгенин көрсөттү. Ал өзгөрүүлөр жана кошумчалар кийинки үч куракка тиешелүү.).
           Ушул убакка чейин байыркы кыргыз элинин курамасына кирген уруулардын болжолдуу (бир жактуу) тизмеси бар. Буга да кудая шүгүр. Бирок ал тизмени түзүүдө кырк санды күчтөп толтурулганы байкалат. Байыркы кыргыз этносуна жалаң эле түрктөн тарагандар эмес тун¬гус, манжур, монгол урууларынан да киргени талашсыз. Анткени ал мамлекет Борбордук Азияда, өзгөчө азыркы Монголиянын аймагында болгон жана аны өзү монгол, манжур, тунгус жана башкалардын курчоосундагы арал болгон. Демек мурун кыргыз Союзуна күч менен кирген уруулар, кийин андан бөлүнүп кеткен.
           Байыркы кыргыз этносунун курамасына кирген уруу-лардын тагдыры кыргыз тарыхчыларын, этнографтарын кызыктырган эмес. Алар тууралу Үсөн Ажы «Муну менен кыргыздар өзүнүн мамлекетин жоготуп эле калбастан, сайда саны, кумда изи калбай туш-тушка таруудай чачылып качат. Энесайдан калган жана бир бөлүк кыргыздар 14 - кылымда моңголдор менен болгон согушта жеңилип, ал жерден качкан бойдон батыш Тянь-Шань, Ысык-Көл, Таластарга келип орундашат. Мына ушундай аянычтуу кыргынчылык абал астында, кыргыздардын ба¬йыркы урууларынын аты бүтүндөй өчүп, бирок кишилердин эсинде сакталып калган. Кыргыздардын азыркы бар уруулары Чынгызхандан кийин пайда болгон» (Үсөн Ажы. Кыргыздар. 81-бет.), - деп жазат. Б. Жамгырчинов өзүнүн илимий ишинин башатында бул темага санжыра аркылуу кайрылып алардын чыгармачылыктарын үстүртөн жыйынтыктап келип мындай деп жазган «Жоголуп кеткен «эски» кыргыз урууларынын аттары, кийин пайда болгон кыргыз уруктарынын ысмында жана башка түрк элдеринин урууларынын аттарында кездешет» (Жамгырчинов Б. Көрсөтүлгөн эмгек. 35-бет.). «Жаңы» кыргыз уруулары анын оюнча Долон бийден башталат. Кыргыз наамасынын эки ири өкүлү маселени санжырачылардын баяндамасы боюнча койгонуна өзүбүз күбө болуп олтурабыз. Ошентип «эски» кыргыз уруулары 15 - 17 кылымдарда уюшулган Өзүбек, Казак Союзунун ичине киргени, бара-бара өзүбек, казак, кара-калпак элдеринин калыптанышына катышканы жана ошону менен бирге адепки этностон кол үзгөнү талашсыз. Бул ошол доордогу саясый, согуштук абал ме¬нен түшүндүрүлөт. Анын кыргыздар үчүн негиздүүсү биримдиктин жоктугунда, Тураниянын кең ойдуңуна «таруудай чачырап» кетишинде турат. «Жаңы» кыргыздардын жетекчилери өз уруусунун чегинен чыга албай «бири баары» менен кармашкандыгында турат. Монголстан кыйраганда анын урандысында алар биригүүгө багыт ала албай калган. Ошол эле шартта Алтын Ордонун акими Өзбектин тукумдары, түрктөшкөн монгол кол башчылары, уруу жетекчилери аскер курап, бириктирүү процессин башташкан. Алардын урааны «биз менен бирге болбогондор, биздин душманыбыз». Башкалардай эле чачылган кыргыз уруулары, же анын айрым топтору монголдук ханзаадалардын туусу астына өтүүгө аргасыз болушкан. Бул тарыхий трагедия эки кылымга созулган. Мына ошентип ар кошкон уруулардын союзу, согуштук-аймактык биримдик, басып алуучулук баары биригип келип эски кыргыз урууларынын калдыктары ар кандай административдик-аймактык жалпылыкка кирип кеткен. Бирок уруулук ысмын сактап калышкан. Саясаттын кайсы тарапка бара жатканын сезгендиктенби же жаңы этностук аң-сезим, эс¬ки этностук сезимди жеңгендигиненби, айтор алар өзүлөрүнүн түпкү дүмүрүн, бабасын - кыргызды атоодон баш тартышканы ачык. Кийин алар Казак, Өзбек, Кара-Калпак элдеринин калыптанышына катышып өзүлөрүн ошол улуттарга ыйгарып калышты. Мындай абал этникалык тарыхта көп учурай турган кубулуш. Ал объективдүү, мыйзам ченемдүү нерсе. Кыргыз байыркы эл, макроэтнос. Анын уруктары, уруулары өзүнүн кандаштарынан ар кан-дай шарттар менен ажырап калып, анан жаңы этноско кошулуп кетишкен. Бул эл бөлүштүрүү максатында эмес тарыхый чындыкты калыбына келтирүү үчүн айтылды. Казак элинин белгилүү акыны, санжырачы Ш. Кудайберди улы өзүнүн «Сежире» деген китебинде «Биз түбү кыргызбыз» (Кудайберди-Улы Ш. Родословная тюрков, киргизов, казахов и Ханских династий. Алма-Ата. 1990. С. 72.) деген моюнга алуусун келтирүү ашыктык болбос.
           Дегинкиси эл канчалык жаш болсо ошончолук «кары» болгусу келип өзүнө байыркы тек издейт экен. Бул каалоонун жерге байланыштуу жана саясий мааниси бар, бирок аны окумуштуулар кош колдоп жактаганы, аны бекемдөө үчүн, өзүнүн этносуна эч тиешеси жок тарыхый инсандарды, эстеликтерди жана башка менчиктөөгө чейин баруулары жылмаюудан башка эч нерсени туудурбасы айкын.
           Эми азыркы кыргыз элинин калыптанышына катышкан урууларды баяндоого өтөлү. Ооз эки тарыхтын, санжыранын изин кууп аны оң канаттан баштайлы.

                          ОҢ КАНАТ                                                                                                           (Мазмунга)

      Ооз эки тарых жана санжыра боюнча Оң Канатка: Багыш, Адигине, Монгуш, Азык, Бугу, Солто, Сарыбагыш, Моңолдор, Карачоро (Суумурун), Саяк уруулары кирет. Он канат өзү байыркы жана соңку болуп бөлүнөт. Байыркысына Байыркы кыргыздардын (Лурхан, Лурбузуруг), соңкусуна 14 - 15 кылымдардагы жаңы кыргыз этносунун бөлүнүшү кирет. Соңку Оң канаттын урааны Жанкороз (Радлов В.В. Из Сибири. Страницы дневника. Кара-Киргизы. С.354.), туусу - Көк асаба. Бара-бара канатта кайсы уруу жетекчилик болгонуна жараша ураандын аты, туунун түсү, тамга өзгөргөн.

                          БАГЫШ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Багыш уруусу жөнүндөгү даректи төмөндөгүлөрдөн алынган: Байсеитов Шербек (77 жашта), Бакыян айылы Кара-Буура району, Муралиев Бекбоо (78 жашта), Кызыл-Арык айылы Ысык-Көл району жана башкалар. Абрамзон С.М. Труды ККАЭ... С. 59-62. Винников Я.Р. Труды ККАЭ... С. 142 144.)
           Элдик ооз эки тарыхта бул кыргыздын адепки уругунун, уруусунун бири. Анын генези тарыхтын эң терең катмарында. Уруктун анык аты да белгисиз. Божомолго ка¬раганда анын башаты Сибирь, Алтай менен тыгыз байланыштуу. Бул ысым уруктун, андан кийин уруунун пиринин атынан келип чыгышы ыктымал. Анткени көпчүлүк артта калган этностордо ар уруктун айбанаттардан, «тотеми» - пири болгон. Кыргыздар Сибирде турган мезгилде аңчылык менен кесип кылышканы белгилүү. Ошол доордо аңчылыктын негизги объектиси Багыш (Лось) болгон. Анын өзү багыштын мергенчилик менен кесиптенгендер үчүн пирге (тотемге) айланышы мүмкүн. Ошол Багыш уругунан: Чоң Багыш, Кара-Багыш, Өкүм-Багыш кийинчерээк Тянь-Шанда Сарыбагыш уругу таралышы жөндүү. Ал эми О. Сыдыков жана айрым санжырачылар тарабынан таратылган кээ бир имиштер кечээ жакында пайда болгон легенда. Андагы «патрилинейлик» (Тагай бийдин балдарын неберелери, чөбөрөлөрү) болмуштар элибиздин келип чыгышын, тарых боюнча алып kараганда кечээки күнгө алып барып такайт, ошол себептүү ага Чыгыш легендаларынын бири катары кароо эп.
           Багыш уруусунун Тянь-Шандагы өкүлдөрү 1770-жылга чейин Чүйдө, Таласта, Чыгыш Туркестанда туташ жашашкан. 1769 - 1770-жж. Казак кыргыз урушунда өзгөчө «Жайыл кыргынында» багыштар жана саяктар катуу кыйроого учураган. Алардын көпчүлүгү туткун болуп кеткен. Бир азы башка тарапка ооп кеткен. Этникалык топту түзбөгөн үч-багыш уулдары Чүйдө калган жана бара-ба¬ра солто уруусу менен аралашкан.
           Багыш уруусу жөнүндө баяндаманы биринчи берген Н. Аристов «Уруу Союздарынын, уруктарынын жана бир атанын балдарынын аттарын кара-кыргыздар Саяндан ала келиши керек. Мисалы, Тянь-Шанда Багыш жок, би¬рок алардын негизги урууларынын биринин аты Багыш, башкасынын аты Сарыбагыш» (Аристов Н. Заметки об этническом составе тюркских племен и Народностей. Журнал «Живая Старина» 1896, С. 396.). Ошол эле статьяда Багыштар 3000 түтүн адамдан турганын кабардайт (Ошондо). Демек XIX кылымдын аягында багыштардын саны болжол ме¬нен 15000 кишини түзгөн.
           Революцияга чейинки кыргыздардын аймактык жайланышын «Областтык отчеттордо», өзгөчө Көчүрүү боюн¬ча башкарманын 1910 - 1914-жылдары жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында уезддер боюнча берилген. Ал боюнча Анжыян уездинин Көгарт болуштугунда 6 - 7 айылдарында 333 түтүн, 2596 адам, багыштар катталган (Материалы по Киргизскому землепользованию... Андижанский уезд Ферганской области. Ташкент, 1913. С. 33-34.). Чаткалда 125 түтүн, Куттуксейит болушунда 1850 түтүн, Багыш болушунда 1850 түтүн, Баястан болушунда 1850 түтүн жана Сузакта, Кетмен-Төбөдө жашашкан. Калкынын саны орто эсеп менен 20 - 25 миң адам болгон (Список населенных мест Ферганской области. Скобелев, 1909, С. 127-128.).
           Кийинки административдик бөлүү боюнча Ала-Бука, Токтогул, Сузак, Караван, Өзгөн райондорун кучагына алат.
           19 кылымдын экинчи жарымынан тартып Багыш уруусу Солтонун уруу жетекчилери тарабынан катуу кысымга түшөт. Бул себептүү алардын өкүлдөрү Суусамыр, Талас аркалуу түштүккө оойт. Наймандар, кытайлар, моңолдор менен канатташ жашап калышат. Жүз жылдан ашык коңшу жашоонун натыйжасында алар менен аралашып кетишет. Кийин наймандардын, моңолдордун бир нече уруктары өздөрүн Багыш аташып киринди болуп кетишет. 1953 - 1955-жж. Я.Н.Винников жетекчилик кылган этнографиялык отряд жогорудагы жагдайды ача алган эмес. Натыйжада Найман, Черик, Азык, Басыз, Кытай урууларынын өкүлдөрү Багыш болуп калган (Труды. ... 1-таблицаны, сүрөттү караңыз.). Муну жалаң гана чаташтыруу деп кароо, жаңылыштык катары эсептөө бир жактуулук болор эле. Анткени жогорудагы уруунун өкүлдөрү өзүлөрүнүн этностук тегин жашырбаса да (Найман, Кытай, Азык, Черик, Базыс), өзүлөрүн Багыш уруусуна ыйгарышкан. Алар кылымдан ашык мөөнөттүн ичинде багыштардын ураанын чакырып, малына анын тамгасын басып, энин салып жайлоо-кыштоо жалпы болуп калган. Бул өндөнгөн аралашуу акыркы эки кылымдын ичинде бардык урууларда болду. Бирок ал процесс буларда өтө чоң өлчөмдө, көзгө көрүнөрлүк деңгээлде болду. Изилдөөчү муну баамдоосу зарыл. Бирок информаторлордун берген кабарын, алардын этникалык жактан өзүн өзү ыйгаруусун өзгөртө албасы мыйзам ченемдуу нерсе. Ал эми Киров районунда изилдөө жүргүзгөн С.М.Абрамзон, Я. Винниковдон айырмаланып Черик, (Кара-Черик), Моңолдор Багышка кирбейт деп баса көрсөткөн (Труды. ... 59-бет.). С.М.Абрамзон Наймандар жөнүндө «Бул кокустукта аты уйкаштык, түпкү атасынын ысмынан аталышы мүмкүн. Бул кыргыздарда көп кезигет» (Ошондо.), - деп жазат. Кайра Таластык наймандар менен Түштүк райондордо жашагаң наймандардын кандык байланышы, уруулук жалпылыгы жок экендигин далилдеген эки информаторлордун айткандарын келтирет. Алар өздөрүн «жергиликтүү» таластык найман экендиктерин далилдешет. Бул жерде «Таарынсаң Таласка бар», - деген ылакапты эске салууга туура келип турат. Тегин таңгандык анчалык эрдик, акылдуулук эместиги илгертеден белгилүү. Бирок бийлик, жер, жесир талашуунун натыйжасында өз уруусунан кетип коңшу уруунун букаралыгына өтүү кыргыздарда болуп келген, көнүмүш окуя. Алымбектин Ормондон Боронбайга өтүшү, Солтонун бир уругунан Чүйдөн Тогузторого көчүп кетиши жана кайра келиши, Карабагыштардын, Кушчулардын айрым уруктарынын Чыгыш Түркестан менен Батыш Түркестанга ооп турушу жана башкалар буга ачык далил. Балким Таластык наймандарда мындан 200 - 150 жыл мурда ушуга окшош чыр чыккандыр? Болбосо жетим жээни таякесин пааналап келип туруп калгандыр. Бул да биздин элде өтө кеңири тараган кубулуш. Акыры айталы дегенибиз кайсы этностук топко өзүн ыйгаруу ар ата уулунун табигый укугу. Аны эч ким зордобойт. Бирок, Багыш уруусунун өкүлдөрунун саны кылымдын башталышына Караганда өтө кескин түрдө кыскарганынын бир себеби жогорудагы факты менен түшүндүрүлөт.
           XX кылымдын орто ченинде Багыш уруусунун өкүлдөру Киров районунун Чымгент, Бакайыр, Буденный айылдарында, Шилбили-Сайдын төмөнку агымында, Чаткал ра¬йонунун Терек-Сай, Жаңы-Базар айылдарында, Ала-Бука районунун Шалды, Ала-Бука, Кызыл-Токой, Ак-Таш, Шадак, Ак-Коргон, Жапа-Салды, Сары-Талаа айылдарында, Жаңы-Жол районунун Караван, Кашка-Суу, Чардак, Тосту, Ит-Агар, Жар-Капчыгай айылдарында жайгашкан. 50 - 60-жылдардагы майда колхоздорду ирилештирүү мезгилинде айрым этникалык топтор бири-бири менен аралашышат. Бул процесс бүт кыргыз жергесин каптаган.

                          АДИГИНЕ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Адигине уруусу жөнүндөгү информаторлор: Сартов Кылыч (70 жашта) Ленин айылы Алай району, Ашыров Мурзамат (75 жашта), Терек айылы, Алай району, Жээнтаев Жунусалы (95 жашта), Совет району, Чормошев Закир (76 жашта), Жылкоол айылы, Кененбаев Жакып (72 жашта), Кара-Жылга айылы, Анарбаев Акматалы (60 жашта) «Социализм» колхозу Гүлчө району, Аалыбаев Жакы (78 жашта), Жаңы-Өстөн, Мырзаке айылдары Ош облусу. Абрамзон С.М, Труды Киргизской комплексной. ... 63-69-беттер.Винников Я. Ошондо.)
           Санжырачылар Адигинени Долондун уулу, Тагайдын бир тууганы катары баяндашат. Жазма тарых буга бир аз тактоо киргизет. «Маджму ат-Таварихте» Адигине Отуз уулдун баласы, Ак уулдун небереси. Айырма бир атадан, бир курактан турат. Мындай «унутчаактык» элдик оозэки тарыхта кеңири орун алган нерсе. Ага закон ченемдүүлук катары мамиле жасоо абзел. Адигинени кыйыр түрдө тарыхый инсан катары кароого болот. Эгерде ал Тагай бийдин бир тууганы болсо анда анын өмүр жолу 14 кылымдын экинчи жарымында, 15 кылымдын биринчи чейрегинде жашаган. Генеалогиялык таблицага, санжырага караганда байыркы кыргыздардын ак сөөк, бийлөөчү бөлүгүнүн тукуму. Анын ата-бабалары кыргызардын хандары, бийлери болушкан. Санжыра боюнча кыргыздын ордосунун очогунда жашагандардан, кыргыздын кандуу туусу акыркы жолу анын бир тууганынын өргөөсүндө желбиреп турган. Ал өлгөндөн кийин калк ээлеринин чечими боюнча, аны дайыма көтөрүп жүргөн, түп кыргыздын насили Черик баатырга калтырылган. Кыскасы кыргыз тарыхынын жазма даректер менен оозэки болмуштардын айкашкан жери дал ушундан башталат. Монголстандын акыркы бийлөөчүлөрү менен Эмир Темирдин жана анын балдарынын мезгилинде болгон катуу кыргындарынын күбөсү Адигине. Бирок тактап ала турган, же болбосо ачык айта турган бир жагдай бар. Ал санжырадагы Адигиненин балдары катары берилген инсандар чынында эле ошондойбу? Же алар Адигиненин кол алдындагы уруктардын өкүлдөрүнүн жетекчилеринин, же уруктун ысмыбы? Буга так жооп алыш мүмкүн эмес. Ошондой болсо да бир атанын тукумунун 200 - 250 жылдын ичинде ушунчалык өсүп кетиши жогорудагы суроонун пайда болушуна себепкер. Анткени, эски доорлордо 200 - 250 жыл¬дын аралыгында 8 - 10 курак алмашылганын эске алсак, бул атабыздын тукумдарынын ылдам өсүшү «демографиялык» жарылуудан, революциядан ашып кетип отурат.
           Уруулук түзүлүштүн мыйзамы боюнча уруу аксакалдарынын чечими менен айрым инсандарды, топту, урукту өзүлөрүнүн уруусуна уул кылып алууга укуктуу болгон. Патриархалдык кулчулуктун мыйзамы боюнча кул ээси өзүнүн кулдарын үйлөнтүп-жайлантып, анан соң аны кулчулуктан азат берип, бала кылып алууга укуктуу эле. Уруунун сырттан толукталышынын бул эки булагы тең кыргыздарда узак убакытка чейин жашап келген. Асырап алган бала уруунун, уруктун иштей турган бөлүгү болуп, башкалар менен тең укукка ээ, жандаш (кандаш эмес) тууганы болуп калган. Алар уруунун, уруктун мүчөсү ка¬тары ал коомдун бардык укуктарынан пайдаланган. Карама-каршы тарап ызаласа, намыс мыйзамы боюнча уруу, урук аны коргогон, өлтүрсө кунун кууган, мал мүлкүн тартып алса, аны «барымта» же бийлердин соту аркылуу калыбына келтирген. «Өз», «өгөй» деген түшүнүк бийлик маселесин чечкенде, санжыраны улантууда гана керек болгон.
           Адигине уруусунун генеалогиясы санжырада өтө кичине орун алган. Жазма адабияттарда да анчалык чоң кеңүл бурулган эмес. Кытай булактарында 18 кылымга тиешелуу «Сиюй тучжиде» А.Н.Бернштамдын бериши боюнча э-дэ-ге-на, И.Я.Бичуриндин бериши боюнча Одокно-Ноток-ия (Бичурин И. Я. Указ, соч., С. 28 - 29. Бернштам А.Н. Указ, соч., С. 128) деп белгиленет. Кытай, Кокон жазма булак¬тарында 18 кылымдын биринчи жарымында Адигине уруусунун көрүнүктүү өкүлү, Ажы бийдин кыймылы боюнча көп жолугат. Бирок бул уруунун генеалогиясын изилдөөдө орус окумуштуулары көрүнүктүү орунду ээлейт. Биринчи кабарды Воронин менен Нифантнев 1851-жылы берген. Анда кыргыздардын эки бөлүгү: Адигине (Атыгене), Тагай (Тогай) жөнүндө сөз жүрөт (Записки ИРГО. 1951 года. С. 140.). 1856 - 1859-жж. Ч.Ч.Валиханов тарых илиминде биринчи жолу кыргыздарды үч составдык бөлүккө бөлүп, анын негиздүүсү үчүнчүсү, даана кыргыздар, анын ичинен он эки канатка - Адигене жана Тагайга бөлөт (Валиханов Ч.Ч. Керсетулген змгек. 2-том, 89-бет. Ошондо.). Бирок толугураак кабарды Л.Ф.Костенконун отчетунан («Военный сборник» 1877 года, апрель, С. 372.) Форсайттын кабарынан билебиз.
           Биринчи автордун дареги боюнча Адигине 14 уруктан (бөлүмдөн) турган (Бөру, Баргы, Олжоке, Тауке, Карабаргы, Сарыбаргы, Таздар, Көкчө, Элчибек, Сарттар, Савай, Жоро, Ардай, Монок). Экинчи автор боюнча жети урук¬тан (Барчы, Мойнок, Савай, Жоро, Жоош, Көкчө) турган. Л.Ф.Костенко Адигинелер Ош уездинин чыгыш бөлөгүн ээлегенин жана алардын саны 3145 түтүн; 12580 - 15725 адам экенин көрсөтөт. Ушул эле даректи толугу менен Н.А.Аристов өзүнүн атактуу эмгегинде баяндайт (Аристов Н.А. Опыт выяснения этнического состава... 444-бет.,). Ал эми О.Сыдыков Ош тарапта 1914-жылы болгон. Ал өз эмгегинде «Үч атасын айтып берерлик адам калбаптыр деп кейийт» (Сыдыков О. Керсетулген эмгектин 28-бети.). Үстүртөдөн алган маалыматка таянып, О.Сыдыков Адигине уруусун 10 урукка бөлгөн Сатар (сарттар), Барчы, Бөру, Көкчө, Олжоке, Тооке, Сабай, Жору, Ардай, Мүң (миң). Эми кытайлык кыргыздардан чыккан Үсөн ажынын «кыргыз санжырасы» деген китебинде Адигинеден Барчы, Бөру, Жору, Бакал, Бөлөкбай, Тегизбай, Жаамбай, Кашка, Тасма, Токтош, Теним, Сейит он эки уул (Кыргыздар... 110-бет.).
           Жогорудагы бөлүнүштөрдө бир атанын балдары менен урук аралашып берилгендиги ачык байкалат. Ал кезде этнография илими менен тааныштыгы барлар аз кез. Анын үстүнө бардык кабарлар үстүртөн алынган. Колдогу документтерди анализ жасап бири-бири менен салыштырып отуруп Л.Ф.Костенко менен Я.Винниковдун жазгандары чындыкка жакын деген жыйынтык чыгарууга бо¬лот. Себеби Л.Ф.Костенко айыл-айыл боюнча кабар алса, Я.Винников үймө-үй, кыштактан-кыштакка кыдырып ма¬териал жыйнаган. Бул С.М.Абрамзондун материалдарына да тиешелүү. Бул даректерди 1960 - 1970-жж. КМУнун студенттери менен мугалимдери жыйнаган материалдар негизинен ырастады. Ошондой эле Я.Винников менен С.М.Абрамзондун Карабагыш уруусун Адигине уруусуна кошкону жасалма бир жактуу экендигин көрсөттү. Кыргыздын бир дагы санжырачысы Карабагышты Адигине уруусуна кошпойт. Карабагыш өзүнүн өмүр баяны боюнча Адигинеден улуу, кыргыздын ортонку доордогу пайда болгон этникалык тобуна кирет. Ал эми 19 кылымдын экинчи жарымынан тартып карабагыштар адигинеликтер менен аралаш жашап, оторлош, журтташ болуп калышкан. Ошол себептүү алардын өкүлдөрүнүн бир тобу өзүлөрүн Адигине уруусуна ыйгарышат. Анын үстүнө дыйканчылыкка, отурукташкан турмушка мурда кирген ферганалык кыргыздар үчүн уруулук жалпылыкка караганда, территориялык жалпылык чоң ролду ойной баштаган. Буларда санжыра өзүнүн адепки күчүн башка аймактарга караганда мурдараак жоготкон. Информаторлордун берген кабарларынын кедейлиги да ушуну менен түшүндүрүлөт.
           Адигине уруусунун мыкты өкүлү Ажы бий (баатыр) болгон. Ал 18 кылымдын экинчи жарымында жашаган. Адегенде Адигине, Моңгуш, Басыз урууларын ынтымакка келтирип, анан Саяк, Сарыбагыш жана Кара Багыш, Кушчу урууларын бириктирүүгө аракет кылган. Кокон хандыгынын агрессивдүү саясатына кыргыздардын Союзун кар¬шы коюуга далалат жасаган. Калмактарды «куугунтукка алуу» шылтоосу менен Орто Азияны басып кирген кытай армиясынын колбашчысы менен байланыш түзүп, Коконго каршы коалиция түзүүгө аракеттенген. Бирок Сарбагыш, Солто, Саруу урууларынын жетекчилери Кокондук тарапты жакташып, Ажы бийдин көчүп кетиши менен бүткөн. Ажы бий тең эмес салгылашууда жеңилген. Ажы бий өлгөндөн кийин Адыгене, Моңгуш, Басыз уруулары түздүктөн сүрүлөт.
           Урааны Коку; тамгасы Адигине тамга. F. Он тогузунчу кылымдын экинчи жарымында ар бир урук өзүнүн тамгасын колдоно баштаган. Мисалы Бөрү ( ) жагалмай тамга, Тооке ( ), Теңизбай ( ) тамга колдонушкан. Көпчүлүгү (Сарттар, Мырзаке, Барпы) жагалмай тамганын ар кандай варианттарын колдонушкан. Мунун өзү адигинелердин Түндүк кыргыздар менен урааны үндөш, тамгасы окшош экендигин айгинелейт. Ал эми уруулук тамгасынын башкалар менен окшоштугу жок. Я.Н.Винниковдун карыялардан чогулткан кабарларына Караганда адигинеликтер өздөрүнүн туулган жерин Фергана өрөөнү деп эсептешет. Алар Алай, Памир тоолоруна калмак, кокон баскынчыларынын куугунтуктоосунан көчүшкөн (Винников Я. Н. Труды ККАЭ... С. 152.). Биз менен сүйлөшкөндөр биздин ата бабаларыбыз илгертеден Ферганада жашаган деп билдиришти.
           Адигине уруусунун ичинен Баргы уругунан бийлөөчүлөр көп чыккан. Алардын көрүнүктүүсү Алымбек датка, анын аялы Курманжан датка. Булардан Абдылдабек, Мамытбек, Баатырбек, Асанбек, Камчыбек беш уул. Абдылдабектен Мырзапайыз, андан Адыш. Адигине уруусунун өкүлдөрү Ноокат районунун Көк-Бел, Кыргыз-Ата, Кара- Суу районунун Папан, Төлөйкен, Мады, Катта-Талдык, Нариман, Кызыл-Шарк, Отуз-Адыр айылдарында, Өзгөн районунун Мырза-Аке, Социализм, Ак-Терек айылдарын¬да, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Ой-Тал, Алай-Куу, Капчыгай, Кара-Кочкор айылдарында, Сокулук районунда, Алай районунун Алай, Кашка-Суу, Ленин, Гүлчө бөлүмү Кара-Шоро айылдарында, Токтогул районунда туташ турушат.
           Мындан башка Чуй, Талас өрөөндөрүндө башка этностор менен аралашып жашашат.

                          АЗЫК УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Азыктар жөнүндөгу информация бергендер: Атабаев Молдокабыл (76 жашта) Кара-Коюн айылы. Жакыпбаев Аманбай (68 жашта) Ат-Башы айылы. Ат-Башы району, Акматов Закир (53 жашта) Кочкор району, Майчинов Орозалы (65 жашта) Кашкелең айылы Кемин району, Келдибеков Дөөталы (81 жашта) Шабдан айылы.)
           Кыргыз нааманын көрүнүктүү өкүлдөрү Азыктар боюнча бир пикирге келише алган эмес. Академик В.Радлов, Сарбагыш уруусунун өкүлдөрүнөн алган дарегине негиздеп, Азыктарды Сарбагыш уруусунун бир уругу катары караган. Бул ой өзгөчө О.Сыдыковдун «Мухтазар Кыргыз тарыхы», «Тарыхы Кыргыз Шадмания» деген китептеринде кеңири кароого жана негиздөөгө далалат жасалган. Ушул себептүү кийинки «санжырачылар» бул болмуштун ар кандай варианттарын ойлоп чыгарышкан.
           Кыргыз нааманын көрүнүктүү өкүлү Н.А.Аристов (Аристов Н. Заметки об этническом составе тюркских племен и народностей. Ж. «Живая Старина» за 1896 г. С. 394—399.) өзүнүн акыркы көлөмдүү эмгегинде Азык (Асык) уруусун байыркы кыргыздардын түпкү, биздин термин боюнча биринчи, этностун негизин түзгөн урууларынын бири катары караган.
           Чыгыш түрктөрдүн согуштарынын хроникасы анын жетекчилеринин мүрзөсүнүн үстүнө коюлган ташка жазылган эстеликтеринде берилген. Ошолордун бири Тандокукка арналган жазмада Аз тамгасынын (уруусунун) адамы кыргыздарга алып бара турган жолду (ашууну) көрсөтүп берген. Бул Аздарды түрктөр талкалап алар батышка качкандан кийин (714-ж.) болгон. 715-жылы Түрктөр Кара-Көлдүн жанында Аздарды талкалаган (Радлов В. Монголиядагы байыркы турк жазуулары. 66-бет.). Орус окумуштуусу Г.Е.Грум-Гржимайло, Гардизинин, В.В.Бартольддун (Бартольд В. В. Отчет по поездке в Среднюю Азию в научных делах... Собр. соч. Т.) эмгектерине таянып Аздарды байыркы кыргыз¬дардын бир уруусу катары карайт жана Аз талаасы Көчмөн тоосу - Саян тоосу, Аз талаасы Абакан өрөөнү деген жыйынтыкка келген (Грум-Гржимайло Т.Е. Западная Монголия... С. 297-312.). Кийин унутулган бул пикирди С.М.Абрамзон колдоп «Азыктарды байыркы этнос ката¬ры карап, аны Сарбагыш, Бугу, Солто урууларына кошконуна каршыбыз» (Абрамзон. Труды... Т. I, С. 35, 56.) деген. Азыктар калмактардын чабуулунан аябай жапа чеккен. Ошого карабастан Кашкелең баатырдын жетекчилиги менен калмактарга каршы куралдуу көтөрүлүш чыгарып, аларды Чүйдөн чыгышка чегинип кетүүгө мажбурлаган. Ал салгылашууда Кашке¬лең баатыр курман болгон. Эл анын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн жерге, ашууга анын атын койгон.
           Алар 1769 - 1770-жылдардагы казак-кыргыз чабышына да активдуу катышкан. «Жайылдын» кыргынында алардын көп эр азаматтары өлүп, колго түшүп кетишкен. Бул абалдан Ферганадан кайра келген Сарбагыш уруусунун жетекчилери пайдаланышкан. Аларды акырындык менен өзүлөрүнүн «курамасына» кошуп, жерин жердей, калкын букаралыкка тарта башташкан. Кармаштарда азайган уруу өзүнүн саясий эркиндигинен ажыраган. Ошого карабастан алар байыркы этностук ысмын, негизги аймагын сактап калууга аракет жасашкан.
           Ч.Валиханов аларды Сарбагыш уруусунун Надырбек уругунун арасынан «Азык-кыргыз бийлери Козубек, Чал Түгөлбаев, (орус императору күмүш медаль менен сыйлаган), таздар уругунун арасынан Азык-кыргыз бийи Жоомартты тапкан. Азыктар төрт кичине уруктан: Козугана - 50 түтүн, Бычман - 60 түтүн, Бөрү - 100 түтүн, Байкүчүк - 300 түтүндөн тургандыгын» (Валиханов Ч. Ч. Корсэтулген чыг. т. II, 84-бет.) жазган. Болжол менен бул уруу 2040 - 2550 адамдан турган. Көчмөн турмуш, токтоосуз согуш байыркы кыргыз этносунун байдубалын түзгөн чыгыш түрктөргө куралдуу күч көрсөтө алган. Уруунун насилдери өзүнүн негизги тамырынан ажырап, ар кандай хандыктарга баш ийип, бирок өз ысмын жоготпой, 1856 - 58-жж. өзүлөрүн Азык-кыргыз деп аташкан калк ушул. Сарбагыш уруусунун түп бабасы Тагай бийге мына ошол байыркы этностун өкүлү же өкүлдөрүнүн тобу кызмат өтөп, ал тарабынан а дегенде асырап алууга, анан аскердик топко кошулушу ыктымал. Бул фактыларды этностордун жаралышы, тарашы, кайра жаралышы жөнүндөгү уламышты, илимий негизге алып бара турган жол катары кароого болот. Кыргыздардын экинчи аймакта жаңы биригүүсү эски кагандардын тукумдарынын жетекчилиги астында болгон кокусунан болбогон. Азык уруусунун бирин-экин өкүлдөрүнүн батыш Тянь-Шанга качан келгени жөнүндө даана кабар жок. Бирок анын 10 кылымдан кеч эмес мөөнөткө туура келерине шек жасоого болбойт. Жогорудагы келтирилген даректер Азыктар Теңир-Тоого кайрылып келген кыргыздардын оболкулары болушкан. Алардын ата тектери тууралу генеалогиялык берүүлөрдүн Эне-Сай мезгилинин жогорлошу менен түшүндүрүлүүсү керек.
           Анын өкүлдөрүнүн узак мезгилдин аралыгында колдон колго өтүшү, жети атаны билуу жөнүндөгү мыйзамга баш ийбегендиктен эмес, аны билгендердин калбай калгандыгы, ошондой эле алар бара бара Аз, Азык тобуна, уруусуна киришерин гана билишкендигине тийешелүү. Демек, мунун өзү кокустук «ачуу» эмес, этностук өзүн өзү таануу мыйзамынын чагылышы. Алар мындан 150 жыл мурда өзүлөрүнүн «кул» эместигин далилдеш үчүн өзүлөрүн «Азык кыргыз» деп аташкан. Аны Ч.Ч.Валиханов бекеринен кагаз бетине кандай айтылса так ошондой түшүргөн эмес. Тарыхый көз карашта кыргыз санжырасындагы, элдик тарыхтагы Азык Тагайдын асыранды баласы эмес, анын дружинасындагы байыркы уруунун өкүлү, балким топтун жетекчиси. Азыркы азыктардын түпкү бабасы.
           Урааны Кашкелең. Кийин сарбагыштардын кол алдына бир жолу өткөн соң алардын ураанын чакырып калган. Тамгасы ( ). Мунун эмне мааниси бар экени азырынча купуя. Бирок аны жагалмай же ай тамгага окшоштурууга болбойт. Изилдөөчүлөр анын атын да биле алышкан эмес. Биздин информаторлор аны «жөн эле азык тамга» дегенден башка эчтеке айтыша албайт. Майда уруктары ушул азык тамганын төрт түрлүү вариантын колдонушкан. Анын бири биринен айырмасы жарым шардын ачык бөлүгү кайсы тарапты караганы жана таякчанын сызыктын ичине же сыртына, капталына же учуна жалгашында турган.
           Жогорудагы даректер О.Сыдыковдун «Түбү Намангандык бектерине барып такалат. Домохан же Асылхан деген бектерден чыгат», (Сыдыков О. Тарых кыргыз Шадмания... 95-бет.) деген божомол, жоромолу эч кандай дарек менен ырасталбайт. Таң каларлык нерсе. 15 жыл жер кыдырып, эл аралап жүргөн адам коңшусу Ак-Учук, Ак-Чийде жашаган азыктардын ичинен ататегин билген адамдарды таппай жосунсуз жомокту китеп бетине түшүргөнү жандырмагы жок табышмак. Бирок изилдөөчү Пишпек уездинде жалпысынан 3 миң түтүндөн ашыгыраак азыктар бар деп жазат. Анын үстүнө 600 жылдын ичинде бир адамдын баласы уч миң түтүнгө чейин өскөн (Ошондо) деп таң калат. Булардан социалдык заказ, жогортодон кароо, теңине албоо көрүнүп турат. Азыктарды Кашкелең өлгөндөн кийин камчыга ченеп бөлгөн молдонун ата-бабалары эмеспи. «Азык барда мал багып не керек», - деген Чаргындын текебер сөзү эмдигиче эл арасында айтылып жүрөт.
           20 кылымдын орто ченинде азыктар Кочкор районунун Ак-Кыя, Талаа-Булак, Кум-Дөбө, Чолпон, Кара-Суу айылдарында, Кемин районунун Тар-Суу, Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында, Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн, Кош-Дөбө, Биринчи Май айылдарында жайланышкан. Майда топ болуп Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында кездешет. Кыргыз элинин, улутунун калыптанышына катышкан.

                          ЧЕРИК УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Черик уруусу жөнүндө кабар берген информаторлор: Дыйканбаев Молдалы (75 жашта) Ат-Башы айылы, Ат-Башы району, Дыйканбаев Турсун (70 жашта) Нарын шаары, Чоробаев А. Нарын шаары.)
           Жазма булактар негизинен Сарбагыш уруусунун өкүлдөрүнүн мифин колдойт. Ал болсо О.Сыдыковдун версиясынан келип чыккан. Ал окуучулардын көпчүлүгүнө белгилүү. Бирок анда сөздүн маанисине жараша ысмын түшүндүрүү (Чердейген бала экен, чоң курсак бала экен, аты Черик болсун) жана Чериктерди кемсинтүү, асыранды баланын тукуму катары көрсөтүү ачык эле көрүнүп турат. Дагы бир божомол, кытайча Черик-Черүү аскер деген маанини берет имиш. Черик уруусунун өкүлдөрү кытай кыр¬гыз чек арасында жашагандыктан эр бүлө дайыма аскердик кызмат өтөп ошол себептүү аларды башка коңшу уруулар Черүүлөр, Чериктер деп атап калышкан делинет. Асыресе мунун баары божомол. Бул уруунун аты инсан- дын ысмынан улам чыккандыгы жөнүндөгү баяндын ар кандай варианттарынан.
           1953 - 1955-жылдардагы этнографиялык экспедициянын мүчөлөрү жана 1965 - 1970-жж. КМУ тарых факультетинин студенттеринин жана мугалимдеринин иликтөөлөрүндө да буга кошумча материал табылган жок.
           О.Сыдыков өзүнүн экинчи китебинде мындай деп жазат. «Чериктин атасы — Алача-хан. Ал Монголго чейин хан болду» (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн чыгарманын 92-бети.).
            «Кыргыз санжыранын» автору кытайдагы Кызыл-Сууда жашаган Үсөйүн ажы мындайча баяндайт: «Эми Карачаханды өз убагында эли хан шайлаган экен. Ал өлгөндө баласы жок болгондуктан жаш катынын иниси (кайын инисине А.С.) Черикке алып берет. Мындан бүтүн черик уруусу тараган» (Кыргыздар. «Кыргызстан» басмасы, 1991, 83-бет.). Элдик ооз эки тарыхта Карачахан кыргыздын нойгут уруусунан келип чыккан. Тагай бийдин мезгилинде анын Чыгыш Түркестанда, же Монголстанда хан болгондугу жөнүндө тарыхый маалымат жок. Ал эми Алача хан болсо Тагайдан көп кылым мурда жашаган инсан кыргыз, казак, каракалпак, башкыр жана башка элдердин түп аталарынын бири катары (схемада көрсөтүлдү) айтылат. Үсөн Ажынын жазуусуна, көптөгөн сан- жыралардын айтуусуна Караганда Тагайдын алтын туусу Черикте калган. Бул кабарга Караганда Черик Тагайдын туу көтөрүүчүсү болгон. Түрк элдеринин эски салты боюнча туу атасы өлгөндө анын улуу баласына, же аталашында калат. Тагайдын эркек балдары болгон. Эмнегедир ал ыйык тууну аларга ыраа көргөн эмес. Мында Черик Та¬гайдын жөнөкөй туу кармачусу эмес кыргыздын түпкү урууларынын биринин өкүлү, анын агаларынын насили экендиги сезилип турат. Бу кабарлар боюнча Чериктин байыркы кыргыз этносуна кантип, каяктан кошулганы белгисиз. Бирок алардын өкүлдөрү Сарбагыш, Бугуга жогортодон карашат. Кандуу уруштан тайын таппай эжесине жан тартып келген Черик бир улуттун ханы болуп көтөрүлөт. Балким Тагай баатыр, бий өзүнүн Чыгышты көздөй жасаган чабуулдарынын биринде нойгуттарды талкалап Черикти колго түшүргөндүр. Анын байыркы кыргыз, кыргыз болгондо да хандын тукуму экенин билгенден кийин аны өзүнүн кеңешчиси, туу көтөрүүчүсү кылып алгандыр. Азырынча Черик кыргыздын түп урууларынын би¬ри. Анын учу андан эмес, алда кайдан башталат. Бул тарых боюнча алып Караганда кечээки Черик. Кырылган байыркы этностун насили. Ошентип, колдогу болгон жазма жана ооз эки адабияттар Чериктерди байыркы кыргыз этносу менен тыгыз байланыштуу экенине ишендирет. Алардын байыркы ата теги жөнүндөгү дарек санжырада учурабайт. Бул уруу бери болгондо 10 - 12 кылымдан бери. Чыгыш Тянь-Шанда жашаган, 11 - 12 кылымдарда жок болуп барып «кайра жаралган» этникалык топтон, бир атанын балдарынан, уруктун кичине бөлүгүнөн тарагандар. 14 - 14 кылымдарда алар жашаган Чыгыш Түркестан, Ат-Башы, Ак-Сай, Арпа токтобой жүргөн уруштардын аренасы болгон. Ошол себептүү бир нече жолу жоголуп кетүү коркунучу туулган. Анын кийинки тукумдары Сарыбагыш, Чоңбагыш урууларынын букаралыгына өтүшкөн. Жоокерчилик заманында этностор бирде жого¬луп, бирде кайра пайда болуп турганы маалим. Чериктин санжырачылары, уламыштары өзүлөрүн «накта», «нукура» кыргызга ыйгарышат. Кээ бирлери «Кыргыздар Чериктердин кырылуусунан аман калган» (Бул информацияны Дербишев Кайып (90 жашта), Ат-Башы айылы; Касымов Дүйшемби, Кемин айылы; Токтобаев Бердалы (85 жашта), Жети-Өгүз айылы беришкен.) дегенге чейин барышат. Аларда уруулук аң-сезим, сыймык аябай өнүккөн. Чериктер Чыгыш Туркестан, Ат-Башы, Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнүн жергиликтуу калкы. Алар калмактардын үстөмдүгү мезгилинде да бул жерден кеткен эмес. Саяк¬тар, Базыстар, Моңолдор менен бирдикте Тянь-Шандын капчыгайларында кала беришкен. «Си-Юй-ту-чжи» боюнча Кытайдын кол башчысы 1759-жылы Юмат бий башчылык кылган чериктерди чыгыш-батыш буруттардын ортосунан кезиктирген. Анын карамагында 200 түтүн бол¬гон.
           Ооз эки дарекке Караганда алардын өкүлү кытайдын кол башчысына Гиссарга чейин жол көрсөтүүчүсү болуп барган (Аристов Н. Көрсөтүлгөн чыгарманын 441-бети.).
           Ч.Валихановдун кабары боюнча 1859-жылы Ат-Башыда 1300 үй, Синцзянда 1500 түтүн Чериктер болгон. Кытайдагы Чериктерди Турдуке бий башкарган (Валиханов Ч.Ч. Чыг. 2-т, 89-бет.). Чериктер 1748 - 1760-жж., 1916 - 1920-жылдары качкын, кайткан кыргыздарга жардам көрсөтүшкөн. Алардын көпчүлүгүн ачкачылыктан сактап калышкан. Бирок «кылычтын мизинен», «найзанын учунан», «жаанын огунан» бир канча жо¬лу өтсө да өз жерин эч качан таштап качпаган баатыр этнос кыргыз жергесинде аз сандуу болгон. Чыгыштан кытай, батыштан Кокон буларды талап алып турган. Алар баарына чыдаган. Шарт келгенде колдоруна курал алып көтөрүлүшкө чыгышкан. Алар Жангир кожо менен Тайлак баатырдын жоокерлеринен болушкан. Урааны «Көкү», «Көкө», кийин «Каратал» Тамгасы жагалмай ( ). Кыштоосу Ат-Башы, жайлоосу Ак-Сай, Чериктердин тамгасы Сарыбагыш менен Бугу урууларынын тамгасына үндөш, окшош. Бул эки ойго салат: Биринчиси Бугу, Са¬рыбагыш, Черик бир кезде бир уруулардын союзун түзүшкөн. Анын өзү алардын байыркы кыргыз этносуна алып барып такайт. Мунун өзү санжырачылардын Чериктердин «нагыз» кыргызбыз дегендерине негиз берет. Экинчиден, бул жалпылык кийин жаңы аймакта, жаңы шартта келип чыккан. Кандай болсо да бул үчөөнүн тагдырлаш этностор экенинде талаш жок. Алардын кандаш экенине күнөм саноого болбойт.
           Кыргызстандагы Черик уруусунун көпчүлүгү Орус империясынын букаралыгын кабылдагандан кийин, өзгөчө чек ара кызматы жөнгө салынган соң кытайлыктардын «чек араны кыдыруу» болбой калды. 1867-жылы Түркестан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу түзүлгөндөн баштап алар жөнүндөгү кабарлар пайда боло баштады. Токмок уездинин составында Черик болуштугу түзүлдү. Кийинчерээк Орус Кытай келишими менен эки мамлекеттин чек арасы Торугарт жана Какшаал тоолорунун чокусу менен ажырап калды. Чериктердин басымдуу көпчүлүгү жаңы чек арада (Синь-цзян) калды. Ошондон тартып бир этнос экиге бөлүндү. Үсөйүн ажынын жыйнаган материалдарына Караганда Кытайда Черик уруусунун Кудайкул уругунун тукумдары, он ата уулдарына жакындары жашашат. «Алар Чериктин ак сөөктөрү». Жыйырманчы кылымдын экинчи жарымында чериктер Какшаалдагы кыргыздардын 70% түзүшөт (Үсөнбай Ажы. Кыргыздар. Кыргыз санжыра. 96-бет.). Бир элди экиге бөлгөн оторчулардын саясатынын жыйынтыгы ушундай.
           1894 - 1895-жж. Н.Аристов жактаган кабар боюнча чериктердин Ат-Башы жана Ысык-Көлдөгү жалпы саны 4015 түтүндөн 16060 адамдан турган (Аристов Н. Көрсөтүлгөн чыгарма. 444-бет.). 1863 - 1865-жж. Че¬рик уруусунун бийлеринин чечими менен Ат-Башынын батыш бөлүгүнө - Кара-Коюн суусунун өрөөнүндө Сарыбагыштардын манабы Үмөтаалынын жактоочулары жайланышкан. Кийинчерээк Моңолдор уруусунун өкүлдөрү Ат-Башы суусунун оң жээги, Күнгөй Ат-Башыга келип орун алган. Мына ошентип чериктер өзүнүн кандаш туугандары башына мүшкүл түшүп конорго журт таппай турган мезгилде кең пейилдүүлүктү, айкөлдүктү көрсөтүшкөн. Бирок Үмөтаалы, Рыскулбек, Кайду сыяктуу манаптар аны бир жактуу түшүнүшкөн. «Оюна келгенди оттошуп» кысымга алышкан, Алардын текебердигинен Октябрь революциясы куткарган.
           Элдик ооз эки санжырада Черик Тагай бийдин багып алган баласы катары баяндалат.
           О.Сыдыков аталган китебинде «Чериктин атасы Карача хан - Ойгуттан. Ойгут - Монголхандан, анын атасы Алачахан» (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн чыгарма, 92-бет.), - деп жазат. Алыскы тарыхка саякат жасаганда молдодо ушундай билбестиктер учурайт. Ойгут (нойгут) байыркы кыргыз урууларынын бири. Бирок анын чериктерге эч тиешеси жок. Ушул себептүү биз окуяга жакын турган Сайфидин Аксикентинин жазганына жана Чериктин аксакалдарына көбүрөөк ишендик. Аны кыскача төмөндө баяндайбыз. Ал эми «Маджму ат-Таварих» анын түпкү атасын Моголстандын түрктөшкөн башчыларынан таратат. Ал боюнча Атан бий, анын уулу Кулжыгач төрө, андан Инке Төрө, андан Баймурат. Баймураттын уулу Черик (Материалы по истории Киргизии, вып. I.). Ал эми даана кыргыз урууларынын генеалогиясында Атан бий сол канатка жатат да, оң канаттын тукуму Тагай бий менен эч байланышы жок. Бул купуя эки түрлүү түшүндүрүлүшү мүмкүн. Биринчиси Атанбийдин эки уулу болгон биринчиси Лаклак бий, экинчиси Кул¬жыгач төрө. Кандайдыр бир окуяга байланыштуу Кулжы¬гач төрө монголдорго өтүп кетет да анын укум-тукуму кыргыздардан ажырап калат. Кийин Моголстан жоюлгандан кийин анын тукумдары Тагай бийге келип кызмат өтөгөндөй. Келген жигиттердин башчысы байыркы Чериктердин тукуму болгондуктан, өзүн Тагай бийге Черик деп уруусунун атын атаган, же Тагай бий бабаларынын ысмын өчүрбөс үчүн ага Черик деген ат койгон. Экинчиси, байыр¬кы кыргыз элинин бир уруусунун өкүлү монголдор менен эриш-аркак болуп жүрүп, кийин Моголстанга каршы кыр¬гыз, казак, уйгурлардын күрөшүнүн учурунда бул союзга кошулуп, өз элин тапкан. Бул Атанбийдин башкарган жылдарына туура келген. Ал анын өгөй, асырап алган уулу Кулжыгач. Эки версия тең бир жыйынтыкка алып келет. Черик Теңир тоолук кыргыздардын адепки байдубалынын бири. Анын бул жаңы уруулардын Союзуна Атанбийдин тушунда, же Тагайбийдин (Атанбийдин небереси) мезгилинде кошулгандыгы маселе түзбөйт. «Адашкандын айбы жок, кайрылып айлын тапкан соң». Чачылган байыркы кыргыз этносунун бир бөлүгү, жүздөгөн жылдардан кийин, «кайра жаралуу» процессине келип кошулду. Ал кичине топ Чыгыш Түркестан менен Батыш Түркестандын чек арасына келип туруп калган. Тынчтык мезгилинде Улуу жибек жолунун жол көрсөткүчтөрү, сакчылары, согуш учурунда Теңир-Тоого суроосуз келгендердин жолун тоскон, кармашкан жоокерлери. Кандай айтсаң да уйгур-кыргыз, кытай-кыргыз чек арасын коруган сакчы - Черик. Бул миссияны ал ак ниеттүүлүк, баатырдык менен аткарган. Анын азыр аз болушу да ошону менен түшүндүрүлөт. Бекеринен жалпы кыргыз бийлердин курултайында Чериктин бийлерине жамбаш менен кара жилик кошо тартылган эмес. Кокусунан Черик бийлери биринчилерден болуп сөз сүйлөгөн эмес.
           Черик уруусу кыргыз элинин калыптанышына активдүү катышкан ири этникалык топтун бири. Кыргызстандагылары негизинен Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ача-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Моюн, Кара-Суу айылдарында жашаган. Андан сырткары Ала-Бука районунун Кызыл-Ата, Кызыл-Токой, Кошалмурут, Көк-Жар айылдарында турушат (Винников Я. Р. Труды Киргизской экспедиции, т. I, С. 149.) жана республиканын ар кайсы районунда, Бишкек шаарында чачыранды жашашат. Азыркы алардын этни¬калык өзгөчөлүктөрү жоюлуп, кыргыз улутунун калыпта-нышына катышууда.

                          МУҢГУШ (МОНГОШ) УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Муңгуш уруусу боюнча информаторлор: Закир Чармашев (65 жашта), Биринчи Май айылы Совет району; Жантаев Эрмамет (68 жашта), Ошондо; Мааткасытов Ташы Көк-Бел, Ноокат району; Сулайманов Буркай, (63 жашта), Төлөйкан айылы.)
           Революцияга чейинки изилдөөчүлөр Муңгуш уруусун Монголдор же Адигине уруусуна кошуп жүрүшкөн. Бул Муңгуштардын чачылып кетиши жана ар кандай уруулар менен канаатташ жашашы, ошондой эле орус окумуштууларынын кыргыз урууларынын тизмесин Караганда аты уйкаштыкка көбүрөөк көңул бургандыгы менен түшүндүрүлөт.
           О.Сыдыков өзүнүн аталган китебинде «Эми, Ак уулдан: Адигине, Тагай, Монкош деген элек. Адигине, Монкоштон Анжиян кыргыздары, Монкош он үч урукка бөлүнөт: Эрке, Кашка, Төлөйкан, Маңгыт, Көкжатык, Сокулук, Жапалак, Ходокчон, Жоош, Жылкелди, Сарала, Тике, Бүкүр Татар» (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн эмгек, 28-бет.), - деп жазат. Болгон кабар ушул. Ал эми Үсөн Ажынын санжырасында төмөнкүдөй дарек бар. «Биз мурун, - деп жазат Үсөн Ажы, - Адигине Тагай бир тууган деген элек, эми санжырачылардын айтышынча Адигиненин Мунгуш деген иниси болгон дешет. «Анжиян кыргыздары» же «Туштук кыргыздары» деп аталган көп сандагы кыргыздар ушул Адигине менен Муңгуштан таралат. «Ат туягындай Адигине, тай туягындай Тагай» деген эл макалы... Эми Муңгуштан Коштамга, Жагалмай деген эки уулу, Коштамгадан алты уул, Жагалмайдан алты уул болуп, ар бири бирден урукка таралат» («Кыргыздар». 110-бет.). Үсөн Ажы Муңгуштардан Жагалмайдын бир уулу, Жооштун уч уулунун тукумдары (Балык, Кожояр, Кудаяр, Ороз) алты ата Кудаяр деген ат менен Кытайда жашаганын билдирет. Кайда, канча жашаары белгисиз.
           Муңгуш уруусу кыргыз этносунун экинчи жолу — Тянь- Шанда, Ферганада калыптанышына катышкан экинчи катардагы - жаңы этникалык бирикме. Анткени анын Байыркы кыргыз элинин курамагында болгондугу жөнүндө дарек жок.
           Л.Костенконун жана Н.Аристовдун жазма даректери боюнча 19 кылымдын акыркы чейрегинде Муңгуштардын Ош, Анжыян уездериндеги жалпы саны 1225 түтүн болгон (Аристов Н. А. Көрсөтүлгөн эмгек. 444-бет.). Жарыяланган жана эл оозунан жыйналган материалдардын жокко эселиги бул урууга кеңири токтолууга мүмкүнчүлүк берген жок. Муңгуштар Кара-Суу районунун Мады, Катта-Талдык, Төлөйкөн айылдарында адигинелер менен аралаш, ал эми Араван районунун: Мангыт, Төлөйкөн, Чек-Абад айылдарында, Алай районунда: Сары-Таш, Нура, Иркаштам, Карванкул айылдарын¬да Көк-Суу өрөөнүндө жашашат.

                          САЯК УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Саяк уруусу боюнча информаторлор: Укуев Саадабай (73 жашта), Көк-Иртим айылы Тогуз-Торо району, Сазанов Багыш (79 жашта), Кара-Суу айылы Жумгал району, Чодо Иманов (80 жашта), Түгөл-Сай айылы Жумгал району, Бакалов Тилек (72 жашта), «Боль¬шевик» айылы Тоң району, Чоробаев Абдыкалык (67 жашта) Нарын шаары, Чылпаков Боромбай Чаек айылы.)
           Бул уруунун негиздөөчүсү Тагайдын уулу Саяк деген адам экени жөнүндө Сайфедин Аксикентинин «Маджму ат-Таварих», - деген эмгегинде бир жолу кездешет (Материалы по истории Киргизии. Вып. I, С.). Анда анын өз же асыранды баласы экени жөнүндө сөз жок. Би¬рок кийинки изилдөөчүлөр Саяк уруусун келип чыгышы боюнча башка пикирди жакташат. Алардын ою боюнча Саяк Тагайдын асыранды баласы. Ушул эле ойдун башка түрүн көрүнүктүү түрколог Н.Аристов илимий болжол менен анын келип чыгышын негиздөөгө аракет жасаган. Ал биринчи жолу кыргыздар бир атанын балдары, бир уруктан тарагандар деген теорияга каршы чыгып, Саяктар байыркы «Се» башкача айтканда байыркы сактардын насилдери деген пикирди айткан (Аристов Н. Көрсөтүлгөн чыгарманын 442-бет.). Н.Аристов бул ойду Кытай жазмасына («Хань-шуга») сүйөнүп айткан.
           Н.Аристовдун божомолу В.В.Бартольд Грум-Гржимайло тарабынан колдоого алынбаган. Бул кырдаал окумуштуулардын кийинки курактарын маселени айланып өтүүгө мажбурлагандай. Чындыкты айтканда Түркологияга, Кыргыз наамага Н.Аристов анын оппоненттеринен кем эмгек сиңирген эмес. Анын окумуштуулук даражасы, ардактуу наамы болбогон. Падыша өкмөтүнүн катардагы согуштук чиновниги эле. Бирок түркология боюнча анын жыйнаган жана жарыялаган материалдары өтө зор мааниге ээ. Анын жеке адамдардын тизмесине айрым уруулардын жетекчилеринин балдары катары берилгенине сын көз карашы, аларды жеке инсан эмес, бир уй-бүлө эмес уруулардын союзу, уруктун аттары катары караганы илимде бара-бара таанууга ээ болууда. Тоголок Молдо өзүнүн санжырасында да Фергана өрөөнүнөн, өз эл журтунан, -саяктардан ар кандай себептер менен ооп келген эки жигиттен саяктарды таратат (Тоголок Молдо. Кыргыздар. 35—50-беттер.). Биз ал вариантты негиз кылып алганыбыздын себеби ушул.
           1956-жылы болуп өткен илимий конференция өзүнүн чечиминде кыргыздар жергиликтүү калк менен Борбордук Азиядан келгендерден калыптанышкан («Труды ККАЭ экспедиции. С.),— деп көрсөткөн. Анда Усундар менен юечжийлердин ортосунда Се-Сейлер жашайт дегенге таянган. «Си-юй-ту-чжи» боюнча 1759-жылы кытайдын кол башчысы саяк айылын (болушун) Жумгал суусунун эки жээгинде учураткан. Алардын жалпы саны 1000 түтүнгө жакын болгон (Аристов Н. Көрсөтүлгөн чыгарманын 447-бети.). Алардын уруу башчысы Түркөбай деген адам болгондугу көрсөтүлгөн. Капитан Андреев 1785-жылы ошол эле жерде Гадай башында турган саяк болуштугунун бар экендигин күбөлөйт (Валиханов Ч.Ч. Көрсөтүлгөн эмгектин 84—87-бети.).
           Ч.Ч.Валиханов 1859-жылы саяктар жөнүндө кабарды тагыраак жана кеңири берет. Ал боюнча Саяк уруусунун Чоро уругунун бийлөөчүсү Тайлактын уулу Осмон, Кулжыгач уругунун бийлөөчүсү Түлөөке, Иман уругунун бийлөөчүсү Байтур болгон. Курткада 600 түтүн адам жашайт.
           Саяк уруусу илгертеден Тянь-Шань, Памир, Алай, Фергана, Чаткал тоолорунун кокту-колотун жакшы өздөштүргөн. Аларды тышкы баскынчылардан сактап калган табигый чептери: Тогуз-Торо, Чаткал, Кочкор, Жумгал, Кетмен-Төбө болгон. Алар Чынгыз хандын, Темирдин, Галдан Церендин кандуу жортуулдарынан ошол чептерге кире качып, анын кире бериштерин, белдерин баатырларча коргоп турушкан. Өз күчү менен кырылуудан, качкандан сактаган. Бул активдуу коргонуу саясатын элдик баатырлар (Үч-Куртка, Садыр, Тайлак) турмушка активдуу ашырышкан. Жогорудагыларды далилдөө катарында 1873-жылы, башкача айтканда орустар келип «Эл тынчыган» мезгилде Курманкожо болуштугу «Жоон-Арык» суусунун батышынан Жумгалга чейин, түштүгү Туз, түндүгү Шамшы, Каракол сууларынын өзөнүнөн Сарала-Саз, Кыргыз Ала Тоосунун чокусуна чейинки жерлерде кыштаган. Жайкысын Соң-Көлдү жайлашкан (Материалы для Туркестанского края. Ежегодник. Вып. II, С.-Петербург-1873 г. С. 171-172.).
           1863-жылы Солтонун манабы Байтик Орус падышасынын күңкорлугун кабыл алары менен өзүнүн түштүктөгү коңшусу саяктарга каршы «жүрүш» жасайт. Ал бул чатакка Сарбагыштарды тарта алат. Негизги максаты саяктардан Суусамырды, Жумгалды, Кетмен-Төбөнү тартып алуу. Кочкордун батыш бөлүгүнөн Нарындын орто агымынан саяктарды кууп чыгуу Сарбагыштардын макса¬ты эле. Мына ушул «жарыяланбаган» согушка алып келген. Уруштун шылтоосу Жангарачтын уулу сөйкө салып кудалашкан кызды Тайлактын Осмону ала качып аялдыкка алган. Байтик кыздын атасы калыңын тогуздаган айып менен кайрып берейин, же болбосо качкан кыздын ордуна айылдагы эң сулуу кызды берейин дегенине карабастан кол курап, орус администрациясынан мылтык, ок-дары алып, капыстан, а дегенде суусамырлык, кетмен-төбөлүк саяктарды чапкан. Анан саяктардын бириккен ополчениесин талкалаган. 9000 түтүн саяктар Орто-Сырт аркылуу Арпага, Чатыр-Көлгө качкан. Ал жерден аларга кокондуктар кол салган. Солто менен Сарбагыш 2000 адамды туткунга алышкан (Загряжский Г. «Туркестанские ведомости» 1874, № 45.). Олуя-Атаны алгандан кийин генерал Черняев Байтикке нааразылыгын билгизип, куугунтуктоону токтоткон жана саяктарды өз жерлерине кайрылып келүүлөрүн өтүнгөн.
           Бул кыргында миңдеген жазыксыз адамдар, ошонун ичинде жаш балдар, кемпир, чалдар курман болушкан. Тынч жаткан айылдарды, куралсыз адамдарды туткундашкан. Алардын жалпы саны 2000 түтүндөн ашыгыраак эле. Булар кулга, күңгө айландырылган, алар кийин орус бийликтери тарабынан бошотулган (Ошондо). Байтиктин «баатырлыгы» жана «намыскөйлүгү» өзүнүн кечээки союздашы, кайыны, балдарынын энесинин төркүнүнө жасаган мамилесинен ачык көрүнүп турат. Эл оозундагы дарекке караганда Саяктар мындай кыргынга Чынгыз хандын, Галдан Церендин чабуулдарында да учураган эмес. Ал эми мал мүлктү талоодо тарыхта теңдеши жок (Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник. Вып. II. С.-Петербург, 1873. С. 237—258.). Байтиктин жана анын жан жөкөрлөрүнүн короосу койго, желеси жылкыга, сандыктары жамбыга толгон. Кул, күң жумшоо күчүнө кирген. Эгер Орус падышачылыгынын мыйзамы болбогондо ал көпкө созулмак.
           Медет датканын өтүнүчүнө карабастан Кокон хандыгы саяктарга жардам бергенден баш тарткан.
           Саяктар бул оор геноцитти баштарынан өткөзүштү. Алты жылдын ичинде алардын саны кескин түрдө азайды. Кайра калыбына келүү узак жылдарды талап кылды. Орустун букарасы болгонунан Байтик ушундайча пайда тапкан. Жерине кайткан саяктар Орусиянын букаралыгын кабылдашкан. 1870-жылы саяктар Токмок уездинде Курманкожо болуштугунда 1089 түтүн 3232 адам, Кулжугач болушунда 1197 түтүн, 3523 адам, Саяк болушунда 1004 түтүн 3318 адам, Нарын болуштугунда 1077 түтүн 1622 адам, Кетмен-Төбө болуштугунда 1822 түтүн 3577 адам жашаган (Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник. Вып. II. С.-Петербург, 1873. С. 237—258.).
           Саяктар 1916-жылдагы элдик боштондук көтөрүлүшүнө активдуу катышышкан. XIX кылымдын акыркы он жылдыгында саяктардын саны Жети-Суу облусунда 5335 түтүн, Ош уездинде 2092 түтүн калк жашаган (Аристов Н. Көрсөтүлгөн эмгектин 444-бети.). Бул орто эсеп менен 29708 - 37135 адам дегендикке жатат. Ошол кезде саяктар Чүй боорунда 14 айыл калк болгон. Мындан сырткары «Көчүрүү боюнча башкарманын дареги боюнча 1912-жылы Наманган уездинде 1776 түтүн, Анжиян уездинде 1893 түтүн («Материалы по Киргизскому землепользованию...» С. 3—52.) саяктар жашаган. Бул орто эсеп менен 14676—18345 адам. Революцияга чейин саяктар негизинен Кыргызстандын төрт бурчунда жашашкан. Айырмасы бир болуштукта калктын көпчүлүгүн түзсө экинчи болуштукта башка уруулардын өкүлдөрү менен канаатташ турушкан. Фергананын батыш бөлүгүнөн Кокон хандыгынын кысымы астында чыгышты, тоо тарапты көздөй көчүшкөн. Буларга өзбектин миң уруусунун өкүлдөрү жана кыпчак уруусунун төбөлдөрү катуу куугунтуктоо көрсөтүшкөн. Алар капчыгайлардан, тунт токойлордон конуш алууга аргасыз болушкан. Саяктардын жалпы урааны Көкө, Кара-Тал, 18 - 19 кылымда Садыр, Тайлак. Тамгасы ( ) . Биринчи, экинчи тамгасы Саяк тамгасы, үчүнчүсү Кайчы тамга деп аталган. Мындан сырткары ар бир уруктун же бир атанын балдарынын өзүнчө тамгалары болгон. Саяк уруусунун өкүлдөрү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя, Биринчи Май, Кара-Бүргөн, Коңорчок, Кош-Дөбө айылдарында; Жумгал районунун Жаңы-Арык, Жумгал, Кабак, Кайырма, Кызыл-Туу, Чаек айылдарында; Кочкор_районунун Кара-Суу, Ак-Кыя, Кум-Дөбө айылдарында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор, Тамга, Төрткүл, Жаргылчак айылдарында; Ысык-Көл районунун Ананье¬во, Бостери, Григорьевка, Тору-Айгыр, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарында; Тоң районунун Ак-Терек, Көк-Мойнок, Күн-Батыш, Күн-Чыгыш, Тоң, Төрткүл, Улакол айылдарында; Жалал-Абад облусунун (мурунку Үч-Терек, Кетмен-Төбө), Ленин районунун Ноокен, Киров, Кызыл-Жар, Хиля, Кочкор-Ата, Сасык-Булак айылдарында, Ба¬зар-Коргон районунун Кара-Жыгач, Арсланбап, Кызыл-Үңкүр, Могол, Чарбак айылдарында жайлашкан жана Сузак, Жаңы-Жол районунда башка уруулар менен аралаш турушкан. Саяктар саны жагынан башкалардан үстөмдүк кылган этникалык топ. Ал кыргыз элинин, улутунун азыркы аймагында калыптанышына чоң таасир эткен. Алардын бир топ бөлүгү өзүлөрүнүн этникалык өзгөчөлүгүн жоготуп башка элдерге (Өзбек, Казак, Тажик) урууларга сиңип кеткен.

                          КАРАЧОРО (СУУМУРУН) УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Карачоро (Суу Мурун) уруусунун генеалогиясын айтуучулар: Чоробаев А. Нарын шаары; Дуулатов. Бектемир (77 жашта), Кызыл-Арык айылы, Ысык-Ата району; Коңурбаев Абдылда (70 жашта); Мырзалиев Бекбоо (80 жашта). Ошондо; Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек, 61 – 62 беттер.)
           Оозэки тарых, санжыра боюнча Карачоро Тагай бийдин уулу. Ал жөнүндөгү болмуштар аябай көп жана ар түрдүү варианттарда айтылат.
           Ал боюнча О.Сыдыковдун версиялары жана Карачоронун тукумдарын биринчи көрсөткөн эмгегин атоого болот (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн эмгек 87—88-беттер.). Байыркы кыргыздарда чоро деген жигит дегенди түшүндүргөн. Бул согуштук демократия мезгилинде пайда болгон социалдык институт, үймө-үй куралданган жоокерчилик заман өтүп, жеке менчик пайда болуп, аны сакташ үчүн куралдуу күч зарыл болгон учурда уруунун жолбашчылары өзүнүн тегерегине алдуу, күчтүү жигиттерди топтогон. Алар тигил же бул баатырдын эсебинен жашап, кылган кесиби - тартип сактоо, урукту, урууну коргоо, барымтага катышуу болгон. Мындай куралданган адамдар Чоро деп аталган.
           О.Сыдыковдун санжырасында ал эки жолу кездешет. Биринчи жолу жалпы кыргыз санжырасында Карачоро Арслан хандын уулу кичи жүз казактарга сиңип кеткен уруу. Экинчиси Тагай бийдин ордо аялынан туулган уулу. Бул бизди Карачоро балким ошол байыркы кыргыз уруусунун өкүлүдүр деген түкшүмөлгө түртөт. Балким ал Та¬гай бийге анын кестигин көрсөтпөстөн (муну ойлоп чыгарып коюшу да мүмкүн) Карачоронун тукуму экенин далилдеген белгини көрсөткөндүр. Ага Тагай бий ишенип аны асырап алышы ыктымал. Казакстанда, Кыргызстанда 16 - 18 кылымдарда бул кайра жанданган. Борбордук бийлик кулап, феодалдык бытырандылык башталып, көчмөндөрдүн «Бири баарына, баары бирөөнө каршы» болгон заманда жигитчилик күчүнө келген. Тагай бийдин «балдары» дал ошол Дружинаны (чоролорду) көз алдыңа элестетет. Карачоро Тагайдын ордо зайыбынан төрөлгөн баласы экени чын болсо эмнеликтен анын тукумдары журт башчыларына жетишкен эмес. Дайыма кызматчынын абалында калган. Карачоронун насилдеринин басымдуу көпчүлүгү 1769 - 1770-жж. колго түшүп, азчылыгы жети уруунун составына кирип казак болуп кетишкен.
           Карачоро (Суу Мурун) уруусу Чүй, Талас жергесинде калыптанган. Анын хронологиясы 15 - 17 кылымдарга тиешелүү. Орто Азияда жаңы кыргыз этносу менен жашташ. Бул жагынан алып Караганда алардын бабасынын киндик каны ушул аймакта тамган. Жергиликтүү калк. Алардын Эне-Сай, Алтай менен байланышы жок. Элдик ооз эки тарых боюнча булар калмактардан качкан эмес. Калмактарды жактаган союздашы да болбогон.
           Карачоро уруусунун бир чоң уругу Баарындар, информаторлордун айтуусу боюнча ал Карачоронун небереси, Күртүнүн калмак аялынан төрөлгөн. Баарындар да аябай чачылган. Тек Азык, Саяк, Саруу уруулары менен бирге Теңир Тоого бекинип алып күрөштү уланта беришкен. Ка¬ра Чоро (Суу Мурун) уруусу казак кыргыз барымталарына катышкан. Аблай хандын 1769 - 1770-жылдардагы чабуулунда кыргынга учурашкан. Алар Жайылдын кошунунун оң канатын түзгөн. Булардын көп эр бүлөлөрү туткунга кеткен. Алардын өкүлү Темир менен Аблайга барган делегацияда болбогондугу анык. Анткени Ч.Ч.Валихановдун кол жазмасында алардын өкүлүнүн ысмы да, уруунун аты да аталбайт. Темир «бошотуп келгендердин ичинде Сарбагыш, Бугу, Азык жана башка өкүлдөрү гана болгон. Мына ошентип Кара Чоронун тукумдары казактын Улуу жана Орто жүзүнө эки жолу кошулган. Революцияга чейин аларды казактар бай кыргыздар деп аташкан. Орус окумуштууларына Улуу жүз казактардын өкүлдөрү кыргыздардын түпкү атасы Кыргызбай болгон деген имиш, ошонун атынан улам чыкса керек. 19 кылымдын экинчи жана үчүнчү чейректеринде алардын кайра жыйылуусу башталат. Ал Сарбагыш жана Солто урууларынын эки тараптык кысымынын натыйжасы эле. Сарбагыш, Солто урууларынын жолбашчылары буларды кемсинтип (Суу Мурун) Сарт катындын тукуму «жоо келсе чоро, доо келсе ороо» катары пайдаланышкан. Өзгөчө алар менен союздаш Нусуп бий (Саяк), а дегенде Ала-Мүдүнгө, анан Суусамырга көчүп кетүүгө аргасыз бол- гондон кийин күчөгөн. Бул зомбулук Орусиянын букаралыгына Чүйлүк кыргыздар өткөндөн кийин азайган. Мыйзамга түшкөн.
           Карачоро (Суу Мурун) уруусу Сарбагыш менен Солтону ажыратып турган чек эле. Ошол себептүү эки тараптын барымтачыларынын чекесине чыккан чыйкан болушкан. Анткени алардын жетекчилери уруу аралык салгылаштарга катышкан эмес. Ал эми бейтарап жактын макулдугусуз барымтаны уюштурууга эки тарап тең батынбаган. Бекеринен Санчы сынчы «Мурун каракчы, кийин арачы, калк уюткусу деген эл турбайбы?» дебесе керек. Карачоро (Суу Мурун) уруусу букаралар тобуна кирген. Алар Черик, Саяк, Азык жана башкалар менен тынчтык мамиледе болушкан.
           Тагдырдын оор сабагы, тарыхтын жазыла элек барагы мына ушуларга тиешелүү. Көнөк «Каратал» деген ураанды чакырып урушка кирген, кыргыздын кашка тамгасын малына баскан, Сары-Өзөн-Чүйдү, Кер-Өзөн Таласты чет душмандардан көкүрөгүн тосуп коргогон, жоодон качпаган, кырылса да кыргыз атын сактаган баатыр уруу, жоо кеткенде байбиченин тукумдары, бийлер, манаптар тарабынан кор кармалган. «Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска» болуп, бара-бара өз уруусунун атын жоготуп, өкумдар эки уруунун туусун көтөрүп, ураанын чакырып, «дөшү менен барскандын ортосунда» - Ысык-Ата менен Кегети суусунун ортосуна жайлашып, жоо келгенде Кегети, Ысык-Ата капчыгайларына мал-мүлкүн, кары-жашын табигый чепке катып, ач арстандай алардын оозун коргоп турушкан. Ал чепти алгандардын аты тарыхта жок. 1913 - 1914-жж. статистикалык кабар боюнча Карачоро уруусунун Баарын уругунан Пишпек уездинин Тынай болушунда 55 түтүн, 261 жан, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинен Кара-Буура болушунда 130 түтүн, 626 жан (Материалы по Киргизскому землепользованию... Пишпекский уезд.. С. 96. Там же Олуя-Атинский уезд... С. 164—165.) жашашкан. 1913 - 1914-жж. статистикалык кабарлар боюнча бул уруунун өкүлдөрү Пишпек уездинин Шамшы болушунда 44 түтүн, 260 жан, Бөлөкбай болушунда 861 түтүн, 4794 жан, Каракыя болушунда 70 түтүн, 240 жан (Материалы по обследованию туземного и русского старожильческого хозяйства и землепользования. Том VII, вып. I. Петроград 1916. С. 78—83.) жашашкан. Каттоого катышкандардын 90,5 проценти уругунун атын аташкан. Ал эми 9,5 проценти гана Суу Мурун (Карачоро) дешкен. 1920 - 1923-жж. каттоодо жана 1924 - 1925-жж. Орто Азиядагы улуттук бөлүнүү мезгилиндеги каттоодо Карачоролор (Суу Мурун) батыш бөлүгү Солто уруусунун уругу катары, чыгыш бөлүгү Сарбагыштын бир уругу болуп катталган. Башкача айтканда уруу жок боло баштаган. Сарбагыш, Солто урууларынын санжырачылары Карачородон Саякты чыгарышып, ал эми анын чыныгы насилдерин билип туруп жашырышкан. Бул өзгөчө Абдыкерим Сыдыковдун көрсөтүлгөн чыгармасында ачык көрүнүп турат. Ал эми О.Сыдыков болсо Карачоронун тукуму казакта деп койгон (О. Сыдыков. Керсетулген чыгарма. 26-бет.). Бул биринчиден өздөрүнүн тегин башкалардан бөлүш үчүн, экинчиден өкумдардык кылган Атакенин тукумдарынан сезденгендиктен жасалган.
           20 кылымдын орто ченинде Карачоро (Суу Мурун) уруусуна өздөрүн ыйгаргандар негизинен Ысык-Ата районунун Ак-Сай, Бириккен, Кенеш, Киров, Кызыл-Арык, Сын-Таш, Кең-Булуң, Чолпон айылдарында туташ жашашкан. Алардын өкүлдөрү Кант, Панфилов жана Чүй райондорунун айрым айылдарында башкалар менен аралашып турушат. Карачоро уруусу кыргыз элинин, улутунун калыптанышына катышты. Уруулук аң-сезими начар өнүккөн. Дыйканчылыкка адепкилерден болуп өткөндөр. Баарындар азыр Талас облусунун Киров районунун Чымкент, Кош-Коргон айылдарында, Чуй облусунун Чуй районунун Он-Бир-Жылга, мындан башка Өзгөн, Кочкор, Жети-Өгүз райондорунда башкалар менен аралаш жашашат.

                          СОЛТО УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Сыдыков О. Тарых кыргыз Шадмания. 87-бет. Информаторлор: Субанов Осмонкул (75 жашта), Орто-Кайырма айылы, Панфилов ра¬йону. Аманбаев Кыдыке (78 жашта), Төкөлдөш айылы. Жаркынбаев Арык (78 жашта). Шалта айылы.)
           Биз жогоруда уруулардын өсүш стадиясы жөнүндө айттык. Ал боюнча Солто уругу, солто уруусу, Багыш уруусунун бир чачырандысы, урпагы. Анын пайда болушу, өсүшү Фергана, Чүй өрөөндөрү менен тыгыз байланыштуу. Тагай баатыр (бий) шейх 14 кылымдын экинчи жарымында, 15 кылымдын биринчи чейрегинде жашаган. Ошондо ал бир кабар боюнча (М. ат-Таварих) азыркы Араван, Ноокат райондорунда, 1914-жылы 73 жаштагы Чон, Айылчынын айтуусуна Караганда «Турган жерибиз Анжияндын Кокон кыштагынын үстү жагы болгон». Солтонун тукуму Чүйгө ошол кабар боюнча 1746-жылы келген (1914-жылы биздин Чүйгө келгенибизге 158 жыл болду дегенине kараганда). Аны далилдей турган дагы бир факты ошол көчүүдө Жамансарттын аялы эркек төрөп, атын Эсенаман коюшкан. Биринчи көчтү Талкан менен Каракчы баштап келген. Булардын Өзбек, Кыргыз, Казак бирикмесинин калмактарга каршы жүрүшүнө катышышы ыктымал. Экинчи көч Тогуз-Тородон Кетмен-Төбөдөн келген. Бул негизинен Култуунун тукумдары эле. Үчүнчү аз сандуу көч Чаткал, Кара-Тоо тараптан келген. Анын типтүү өкүлүнүн бири Чал мергендин айылы. Аларды кийин Аюукен деп этап калышкан. 20 - 30-жылдын ичинде солтолор Чүйдүн борбордук жана батыш бөлүгүн ээлешкен. Ушул тапта урукка Талкандын тукумдары үстөмдүк кыла баштаган. Бийлер Талкан уулунун өкүлдөрүнөн шайланып, кол башчылык да аларга өткөн. Алардын ичинен Коңурбай бий жана анын уулу Жайыл баатыр белгилүү. Коңурбай калмактарга каршы боштондук күрөштө аты чыккан. Ал Саяк, Азык, Багыш, Саруу, Моңолдор урууларынын колун башкарып, атактуу Аблайды колго түшүргөн. Бирок кандаштыкты, туугандыкты эске алып бошотуп жиберген. Уч жылдан кийинки Аблайдын жүрүшүндө жеңилип колго түшүп, оор жарадан жана кыйноодон каза тапкан. Бул тарыхта, эл оозунда «Жайылдын кыргыны»,—деп аталат. Ошол кыргындан кийин 40 үйлүү солто калган (Ч.Ч.Валиханов. Керсетулгон чыгарма. 84—87-бет.). 1770 - 1870-жж., башкача айтканда 100 жылдын ичинде солтолор урууга айланган. Түркестан статистикалык комитетинин кабары боюнча 1870-ж. Багыш болуштугунда 11 айыл, 1669 түтүн, 3946 адам жашаган. Аймагы, ээлеген жери батыштан чыгышка Кара-Балта суусунун чыгышынан Эсенаман арыгына (Сокулук суусуна) чейин, түндүгүнөн түштүккө карай Александр тоо кыркасынан Чүй суусуна чейин) (Ежегодник. Материалы для статистики Туркестанского края. Вып. II.-— С. Петербург. 1873. С. 146—148.). Калкы үч Багыш урук - Чоң Карабос, Талкан болуштугунда 1870-жылы 11 айыл, 2072 түтүн 5289 адам жашаган. Аймагы ээлеген жери батыштан чыгышка ка¬рай Сокулук суусунун чыгышынан тартып Ала-Арча суу¬суна чейин, түндүктөн түштүккө карай Александр тоосунун чокусунан Чүй суусуна чейин Чоң Карабос, Күнтү, Эшкожо уруктары жашаган.
           Ала-Арча болуштугунда 11 айыл, 1200 түтүн, 4337 адам жашаган. Ээлеген жери, батыштан чыгышка карай Ала-Арча суусунан Ысык-Ата суусуна чейин, түндүктөн түш-түккө Александр тоосунун чокусунан Чүй суусуна чейин Кант, Чылпак уругу жашаган.
           Бөлөкбай болуштугу алты айыл, 1200 түтүн, 4242 адам. Ээлеген жери, батыштан чыгышка карай Ысык-Ата суу¬сунан, Ыргайтыга чейин Бөлөкбай, Канай, Чылпак (Култу) (Ошондо.) уруктары жашаган.
           Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинде Талкан болушунда 6 айылда 1112 түтүн калк турган. Тургундардын жалпы саны 5560 ка жеткен (Ежегодник Туркестанского края. Вып. I. С. Петербург. 1872. С. 90). Кара-Балта суусунан Меркеге чейинки аралыкты ээлеген.
           Талаш-тартыш тарыхый так фактылар ушундай. Бирок Сарыбагыштын, Солтонун төбөлдөрү Чүйду жана анда жашаган саяктарды букаралыкка бөлүүдө каршылашып келишкен. Акыры Байтик саяктарды (анын 4-аялы саяктын Жусуп бий (Нусуп) кызы болгон) өзүнө көчүрүп алган. Ошондон тартып Солтолор чыгыш Суусамырды жайлоого мүмкүндүк алышкан («Туркестанские Ведомости». Газ. 1872, 31-октябрь.).
           Бул араздашууга кийин Сарбагыштардын өз ара кагылышуулары май куйган. Атаке-Тынай уругу Жантайдын, өзгөчө Шабдандын орустар менен жакшы мамилесинин натыйжасында Темир-Болот уругун Чүйдөн кетүүгө мажбурлайт. Аны менен катар солтолорду да батышты көздөй жылууга аргасыз кылат. Калкы аз сандуу солтолор Сарбагыш, Азык, Моңолдор урууларынын бириккен күчүнөн чегинет. Анын үстүнө Жангарач баш болгон Солтонун төбөлдөрүнүн экинчи тобу орустарга карата жасаган Байтиктин саясатын колдогон эмес. Алар өзгөчө 1863-жылы кышында Байтик Бишпек сепилин жер менен жексен кылууга жумасына 500 адамды зордоп жибергенде күчөгөн. Ушул себептүү Байтик өзүнүн уругун дээрлик Бишпектин айланасына топтоп башка уруктарды аймактан айдап чыккан. Ал эми батыш чек арасы өзгөрүлбөстөн кала берген.
           17 - 18 кылымдарда алардып урааны, тамгасы болгон эмес. Ал кезде жалпы кыргыз урааны «Көкө», «Каратал» колдонулуп келиши мүмкүн. Тамгасы Сарбагыш, Бугу, Багыш, Монкуш (Муңкуштардыкындай) эле жагалмай болуш керек ( ). Кийин жагалмай тамганы өзгөртүлгөн варианты; Солто тамга да ушуну ырастайт, ай тамгалуу солто ( ) аталат. Жазма даректерде уруулук ураанды биринчи жолу Байтик чакырган. Анын атасынын ысмы - Канай. Майда барымталарда Байтиктин жигиттери анын атын чакырышкан. Канай а дегенде Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүнө бекем орношуна чоң жардам көрсөткөн. Ал Кара-Балта, Бишпек сепилдерин курууда жумушчу күчүн берген. Ошол кызматы үчүн ал солтолордун жолбашчысы катары таанылган. Бирок кийин Кокон ханынын оторчулук саясатына кыргыз манаптарынан би¬ринчи болуп каршы чыккан. «Канайдын качуусу» аталган казактарга, кытайлар тарапка көчүүнү уюштурган. Казак кытай кагылышуусунан кийин Чүйгө кайра көчүп келген. Бишпектин бектери менен достук мамиледе болгон.
           Байтик да атасынын саясатын уланткан. Бирок кокондуктардын «беде коруу», «чөп коруу» жана башка саясаттары, ошондой эле Байсалды жана Багынбүбүнү кордогону үчүн («Доор үнү» 1992-ж. № 1, «Чүй баяны» газетасы.) ал өч алуу жолуна түшкөн. Атасынын жардамы менен салынган Бишпек чебин алууга жана кыйратууга орус аскерине жардам берген. Тарыхтын карама каршы күбөсү мына ушундай.
           Солтолордун саны жөнүндөгү кабарлар ар түркүн. Ч.Валиханов 1856-ж. «Кыргыздар жөнүндө записка» деген (Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. т. II. Алма-Ата. 1985, С. 42.) эмгегинде алардын саны 20000 түтүн деп көрсөтүп, бирок Кокон хандыгына 1500 түтүн үчүн салык төлөшөт деп белгилеген. Бул жердеги биринчи санда солтолор башында турган кураманын калкынын саны болсо керек. Кылымдын аягына тиешелүү такталган кабарды Н.Аристов берет. Ал боюнча «Азыр Солтолор (Чүйдүн батышы) Пишпек уездинин батыш бөлүгүндө 8638 түтүн, Олуя-Ата уездинде 3000 түтүн, бардыгы болуп 12000 түтүн» деп жазат (Аристов Н. Опыт выяснения этнического состава Киргиз казаков большой орды и Кара-Киргизов на основании родословных сказа¬ний и селений о существующих родовых делениях и Родовых тамгах, а также исторических данных... «Живая старина» вып. III и IV. С.-Петербург. 1894. С. 440.). Бул санды 4 кө көбөйтсөк 48000 адам, 5 ке көбөйтсөк 60000 адам болуп чыга келет. Н.Аристов изилдөөчүлөрдүн арасынан биринчи болуп түтүндүн жана кишинин, уруунун, калкынын санын эмес уруулук союздун калкынын санын көрсөтөрүн белгилеген.
           О.Сыдыков жыйнаган материалдарына жана Жети- Суу, Сыр-Дарыя областтык документтерине таянып, 1910 - 1912-жж. Солто уруусуна өзүн ыйгаргандардын саны 15 миң түтүн (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн чыгарма. 30-бет.), же 75 - 90 миң жан болгон. Бул сандын көбөйтүлүп алынганын белгилөө керек. Анткени эски салт боюнча Меркеден Кызыл-Сууга чейинки жашаган кыргыздардын баары Солто деп эсептелген. Анын үстүнө үймө үй, айылдан айылга алынган кабар болгон эмес. Ошону үчүн бул орточо статистикалык маалыматты жогорудагы жагдайды эске алып эсептегенде алардын жалпы саны 75 - 80 миң жан болорунда талаш жок. 1916-жылдагы көтөрүлүш, революция жана граждандык согуш солтолордун жалпы санына чоң таасир тийгизген эмес. Бул фактылар Солто жаңы жаш уруу болгонуна карабастан кыргыз элинин калыптанышына активдүү катышкан этникалык топтун бири. Ал ээлеген аймакта областтын, республиканын борбору болгону, анын салмагын ого бетер арбыткан. Ал эми кыргыз улутунун калыптануу процессиндеги анын ро¬лу андан да жогору. Бул этникалык топтун өкүлдөрүнөн жумушчу табынын алгачкы отряды, элдик интеллигенциянын биринчи өкүлдөрү келип чыккан. Кыштакташуунун, башаты да Чүйдүн борбордук бөлүгүнөн башталган. Ре- волюцияга чейин биринчи орус-тузем мектептери ачылган. Абдылда Дардайыл уулу, Абдыкерим Сыдык уулу жана башкалар гимназияны кыргыздардан биринчи болуп бүтүргөндөр. Бул географиялык фактордун канчалык ролду ойной турганына ачык күбө. Мындай үлүштү алар Сарбагыштар менен гана бир аз бөлүшө алышат.
           Революциядан кийин алар Петров, Калинин, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Кант райондорунда жергиликтуу элдин басымдуу көпчулүгүн түзгөн. Ири завод, фабрикалар иштешкен жана областтык, республикалык борбор катары башка этностор менен аралашууда. Бул процесс жыл өткөн сайын тереңдөөдө.

                          БУГУ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Бугу уруусу боюнча информаторлор: Маңгытов Сагымбай (70 жашта), Шалта айылы; Сейитов Илепес (82 жашта), Туз айылы; Ба¬киев Мырзакман (72 жашта), Шапак айылы, Деркембаевдер, Чычкан айылы ж. б.)
           Бул уруунун заты, аты жана кыргыздардын бай дубалы, тууралу бир топ божомолдоолор бар. Анын эң оболкусу Д.Банзаров, андан кийин Г.Е.Грумм-Гржимайло (Банзаров Д. Об ойротах и уйгурах, в «Библ. восточного истори¬ка», I прил. У Грумм-Гржимайло Г. Е. Западная Монголия и Урянхайский край.) бугу деген атты байыркы түрк этносунун бири, 18 кылымда калмактар жана кытайлар кыргыздарды буруттар менен алмаштырган эмес. Анткени аларга бурут, кыргыз жанаша жашаган этностор. Бурут булардын ою боюнча буруттар, кыргыздар, ойроттор коңшулар. Алар андан да ары кетишет. Банзаров бурят деген сөз бурут дегенден же баргу деген сөздөн келип чыкса керек дейт. Муну негиздөө үчүн алар Шмидтке жана Рашид Эд-Динге (Шмидт. История восточных монголов... 473-бет. Рашид Эд-Дин. «История Монголов». 9-бет.) таянышат. Шмидт өзүнүн көлөмдүү эмгегинде буруттар, буряттар, теленгуттар жана кыргыздар бир эл деген идеяны айткан. Ал аларды байыркы тарыхый облус катары эсептеген. Баргасда, же Боргужин-токумда чогуу жашаганына таянган. Ал эми Рашид Эд-Дин өзүнүн окумуштуулар дүйнөсүнө кеңири белгилүү болгон эмгегинде: «Чынгыз ханга... урут, бурут уруулары келишти жана багынышты» (Рашид Эд-Дин. Көрсөтүлгөн чыгарма... 96-бет.),- деп жазат. Рашид Эд-Дин боюнча Баргада жашагандардын баары баргут деген жалпы ат менен белгилүү болгон жана кыр¬гыздардын өлкөсүндө жашашкан (Ошондо. 87-бет.). Д.Банзаров өзүнүн жогорудагы оюн тактап өзүнүн катында «Кулунбердик буряттарда баргу-бурят деген ысым 1857-ж. да сакталып калган (Труды воет. отд. ист. археолог, общества. 1857, Т. III, вып 2 С. 201.) - дейт. Бул Алтай Саянда болгон. Г.Е.Грумм-Гржимайло 12 кылымда монголдор менен кошо келген буруттар менен кыргыздардын ортосунда кийин Тянь-Шанда сакталышы мүмкүн деген жыйынтыкка келет. Г.Е.Грумм-Гржимайло орустун башка илимпоздору сыяктуу эле кыргыздын байыркы уруулары менен азыркы уруу¬лары менен байланыштын барын жактаган. Ошондой эле ал байланышты кийинки этникалык топтордун, уруктардын ысымдарынан издеген. Эгерде биринчи аракет тарыхый чындыкты калыбына келтирүүгө жардам берсе, экинчи аракет тарыхты, «жаңылаштырууга», бурмалоого алып келген. Анткени түрк элдеринде, өзгөчө кыргыздарда, жети атадан кийин бабаларынын атын балдарына кое беришкен. Жети атага чейин тергөө салты боюнча эркек балага бабасынын ысмын коюшкан эмес. Бул салт кийин орустардын таасири астында бузулган. Бул гипотеза кийинки убактарда унутулуп калган. Элдик оозэки чыгармаларда бугулардын тили алтайлыктарга өтө жакындыгы кокусунан болбосо керек.
           Бугу байыркы кыргыздардын чоң уруусу болуп, Чынгыз хандын бийлигин таанып, анын колу менен бирге Тянь-Шанга келген. Кыргыздарды этникалык негиз бол¬босо кытайлар, калмактар бурут деп аташмак эмес (Грумм-Гржимайло Г.Е. Көрсөтүлгөн чыгарма. 536-бет.). Иркут уездинде Бурут деген топ хотондордо, тыргооттордо кезиккен. Мына ушуларга негиздеп бурут кыргыздын байыркы уруусу деген жыйынтыкка келүүгө болот. Изилдөөчүлөр Я.Бичурин, В.Радлов, Н.Аристов, Ч.Валиханов жана башкалар бугу уруусунун этногенезине көп токтолушкан. Өзгөчө кыргыздар жөнүндө оболку кабарды кагаз бетине берген А.Бардышев, А.Голубев, Г.Загряжский бул уруу жөнүндөгү маалыматты биринин артынан бири кайталашкан. Ал бара-бара жомоктон тарыхый божомолго айланган. Анын кыскача мааниси Бугу деген терминдин Пулу, Буру, Бурут деген кытай, калмак сөздөрү менен байланыштырып, тек кыргыз деген мааниге чейин барышкан. Бугу Орто Азияда жашаган кыргыздардын чыгыш бөлүгүндө жайланышкан уруулардын бирикмесинин бири. Булардын атынын туура эмес айтылышынан (Пулу, Бугу) кытай, калмак өкүмдарлары Ысык-Көлдөн батыш тараптагы уруулардын баары Бугу-Бурут деп аталышы ыктымал.
           Бугу деген ысымдын экинчи чечмеси Г.Загряжский тарабынан таратылган миф. Ал кийин бир нече вариант менен элге тараган. Мааниси Асан мырза жолдоштору ме¬нен Ала-Мышык тоосунан, Талды-Булак деген жерден бир кыз таап алышат. Кызды Мырзакулга уйлонтушот. Ал кыздын башында муйузу болот. Аны кайыптан болгон де¬шип Кара Мырзанын тукумун бугу деп аташат. Н.Аристовдун кабары боюнча «Бугулар өзүн Тагайдын уулу Кылжырдын муйузу болгон, ошол себептүү атасы ага Бугу деген ысым берген» - дешет.
           Бугулар бул жерде жашаган сактар жана түрк уруулары менен канатташ жашашкан. Көп сандаган согуштарда алар азайып, саясий аренага чыкпай калган. Ал эми Бугулардын келип чыгышы жөнүндөгү жомок кийин, Сарбагыш уруусунун манаптары тарабынан ойлонуп чыгарылган болсо керек. Анын негизинде бул уруунун адепки ысмы анын пиринин (тотеминин) атынан Бугу деп коюлгандыгын жоромолдоого болот. Мына ошентип Бугу байыркы кыргыздардын бир уруусу. Азыркы бугулар анын бир уругунун же бир атанын балдарынын насилдери. Санжырада ошол экөөнүн ортосундагы байланыш үзүлүп кал¬ган. Ушул себептүү алар Сарбагышка жасалма түрдө кошулуп калгандай көрүнөт. Анткени ал болмуш адам ме¬нен айбандардын байланышы жөнүндөгү илгерки легенда менен тыгыз байланышкандыгы жөнүндө илимий негиз жок. Ал эми аны чындык дегендерге Карамырза менен Мырзакулдун качан жашаганын жыл саноонун этнографиялык мыйзамы менен эсептесек ал кечээ жакында эле болгон. Ал уруунун жашына такыр эле караандабайт. Мына ошен¬тип, Бугу уруусу Ысык-Көлдүн чыгыш жагында экинчи жолу «кайра жаралды». Октябрь революциясынын алдында ал кайра эки урууга бөлүнүүнүн (Алсейит, Тынымсейит) кырында турган. Анткени, биригүү күчүнө Караганда, бөлүнүү күчү үстөмөндөй баштаган. Бирок революциядан кийин урууга жиктелү бир аз жанданганына карабастан, борборго умтулуу, мамлекетке биригүү тенденциясы арта баштаган. Буга Коммунисттик партиянын жана Кеңеш өкмөтүнүн уруулардын жетекчилерине, бай-манаптарга каршы жүргүзгөн саясаты чоң көмөк көрсөткөн. Ошентип экинчи жолу уруудан элге калыптануу башталган. Бул процесс узак убакытты алган. Бугулардын тарыхый өмүрү, алардын Ферганадан Ысык-Көлгө келгенинен башталган. Бул алар¬дын Ысык-Көлдөн аякка качан качкандыгы жөнүндө так дарек жок. Бирок 17 кылымдын аягында 18 кылымдын биринчи жарымында болгондугу белгилүү. Семенов Тянь-Шанскийге бугунун манабы Боромбай Бекмуратов биздин көлгө келгенибизге 71 жыл болду дегенине Кара¬ганда ал 1774-ж. болгон. Фон-Герндин жазганына караганда бугулар Ысык-Көлгө Бийназар бийдин жетекчилиги менен келген («Семипалатинские областные ведомости», 1890 г., № 33.). Бийназар бий уруусунун атынан Пекинге барган, кытай императорунан белек алган. Бул кытай хроникасында жана Ч.Валихановдун эмгектеринде бар. Н.Аристовдун ою боюнча бугу 19 кылымда бир нече уруулардын курамасынын аты. Бул ой алар жашаган аймакта Саяктар, Дөөлөстөр, Моңолдор, Коңураттар, кийинчерээк Саруулардын жашаганына күбө. Жүз жылдын ичинде бугулар эки жолу Ысык-Көлдөн кыска мөөнөткө кетүүгө аргасыз болушкан. Биринчиси Төрөгелдинин чабуулунун мезгилинде (1855 - 1856-жж.), экинчи ирет 1856 - 1858-жж. бугулардын ээлеген аймагын, чегин Ч.Валиханов төмөндөгүдөй баяндайт. «Бугулар кышында жана жазында Ысык-Көлдүн түштүк жээгин жаздап, күздөп, эгин айдап, жайында Сыртка, Сары-Жазга, Кытай чек арасынан өтүп Текеске кетишет. Текесте жайлаганы үчүн кытайга салык төлөшөт. Андан Кулжага барып соода кылышат» (Валиханов Ч.Ч. Собр. соч., т. II, С. 85.). Ч.Валиханов Бугу уруусу Алсейит, Тынымсейит жана Арык деген уч уруктан турарын жазып келип, алардын майда бөлүктөрүнө да токтолот. Алардын ири манаптарынын (Боронбай, Мураталы, Качыбек, Борсок, Табылды, Бекбай) атын атайт. Бугулардын 10 000 түтүндөн турганын жана анын ичинен Бапа 300 түтүн, Белек - 5000 түтүн, Кыдык 1750 түтүн, Желдең 1000 түтүн, Арык - 2500 тү¬түн экенин көрсөтөт (Ошондо.). Белек менен Арык тукуму ошол мезгилде мынча көп болушу шек туудурат. Алардын ичинде Боромбай Бекмуратов Ормондон ажыратып алган саяк¬тар кошо эсептелгени байкалат. Анткени 1855 - 1856-жж. Сарбагыш - Бугу согушунан кийин (азайтылган кабарга караганда бугулардын 3/1 бөлүгү кырылган) бул уруунун саны бир кыйла аз болушу мыйзам ченемдүү. 1867-жылы Түркестан генерал-губернаторлугу түзүлгөндөн кийин Ысык-Көл уездинде 7 болуштук түзүлөт. Алар: Кең-Суу, Түргөн-Ак-Суу (батыш) Коңур-Өлөң - Ала-Баш, Карой-Сарой, Зауке-Барскоон, Күнгөй-Ак-Суу, Тору-Айгыр (Бул 1872-ж. Карой-Саройго кошулган (Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник. Вып. II, СПб. 1873. С. 178—179.). Мунун ичинен бугулар Кең-Суу болуштугунда 1727 түтүн, Түргөн-Ак-Сууда 1533 түтүн, Зауке-Барскоон болушунда 1739 түтүн болушкан (Ошондо.). Ал эми Коңур-Өлөңде аздык кылышкан. Бул болжол ме¬нен 5000 - 5100 түтүн, же 25000 - 25500 адам. Калган болуштуктарда саяк уруусунун өкүлдөрү калктын көпчүлүгүн түзүшкөн. Бугу Тынымсейит уругу Нарын өрөөнүнө көчүп, Арык тукумунун бир бөлүгү Кочкорго Семиз-Белге көчүп келип туруп калышкан. 1893 - 1894-жж. Бугу уруусу 15111 түтүн, же 75,5 миң адамдан турган (Аристов Н. Көрсөтүлгөн эмгек. 443-бет.). Бугу уруусун кыргыз элинин калыптанышына активдүү катышкан этнос катары кароого болот. Буга алар жашаган жерде Кара-Кол (Пржевальск) шаары орноп, ал уезд областтын борбору болгону менен тыгыз байланышкан. Бугу уруусунун өкүлдөрү 1856 - 1860-жж. жана 1916-ж. кытайга көчүп кетишкен. Азыр алар ошол тарапта - Кызыл-Сууда жашашат. Бугунун тамгасы жагалмай ( ). Алардын жалпы урааны жөнүндө изилдөөчүлөр жазышкан эмес. 19 кылымдын экинчи жарымында алардын ар бир уругу өзүнүн жетекчилеринин атын чакырышкан.
           Бугу уруусунун өкүлдөрү азыркы мезгилде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Кутургу, Михайловка, Сан-Таш, Сары-Булак, Талды-Суу, Тасма, Түп, Ысык-Көл айылдарында, Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Кар-Жал, Кара-Кол, Кереге-Таш, Нововознесеновка, Октябрь, Отрадненский, Соколовка, Теплоключенка, Челпек, Эңилчек айылдарында, Жети-Огуз районунун Ак-Дөбө, Ак-Шыйрак, Барскоон, Дархан, Жаргылчак, Жети-Өгүз, Липенка, Оргочор, Покровка, Светлополянский, Тамга, Төрт-Күл айыл¬дарында, Нарын облусунун Казан-Куйган, Кара-Кужур, Кызыл Октябрь, Миң-Булак, Чет-Нура айылдарында туташ жашашат. Ал эми Ысык-Көл облусунун Бостери, До¬линка, Кум-Бел, Өрүктү айылдарында Саяк уруулары Орус, Украин элдеринин өкүлдөрү менен аралаш жашоодо. Ошондой эле бул уруунун өкүлдөрү республиканын башка райондорунда, Бишкек шаарында чачырап жашап жүрүшөт.

                          САРБАГЫШ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн эмгек. 30-бет. Информаторлор: Акматов Закир (55 жашта) Кочкор району.)
           Элдик ооз эки тарыхтын жана анын кагаз бетине түшкөн варианты боюнча Сарбагыш (Кылжыр) бир инсан катары баамдалууда. Ал эми кыргыздын биринчи жазма санжырачысы, тарыхчысы О.Сыдыков: «Тагайдын уулу Кылжыр, анын уулу Сарбагыш» - деп жазат (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн эмгек. 30-бет.). Чынын айтканда бул байыркы кыргыздын Багыш уруусунун Тянь- Шанга көчүп келген насилдеринин бири же тобу болуш керек. Тагай бийдин Бугу-Арслан деген жигиттерин, же анын кол алдындагы Сарыбагыш уруусунун өкүлүнүн уруулук ысмынан улам келип чыккан сыяктуу. Анткени орто кылымда отурукташкан элдерде көрүнүктүү адамдардын ысмына анын жеринин аты кошулса (Махмуд Кашгар, Жусуп Баласагун) көчмөн элдерде уруусунун аты кошулган. Кайсы бир шарттарда уруунун аты менчик атты сүрүп чыгарган. Мына ушуга таянып Сарбагышты байыркы кыргыз урууларынын насилдери катары кароого болот. Анткени Орто Азиялык адам баласынын көзү көрбөгөн, кулагы укпаган жаныбардын атынан коюшу шек туудурат. Мисалы, эмне үчүн кыргыздарда Пилбек, Карапил, Карыпил, же Маймылбек, Сарымаймыл, Карамаймыл деген ысымдар жок. Анткени аларды кыргыз көргөн, билген эмес. Ошол себептүү алардын аттары адамдын ысмында кезигишпейт. Сарбагыш уруунун пиринин атынан улам коюлушу мумкун. Анткени Сибирде багыш ача туяктуунун алпы. Ал уруктун, уруунун пири (тотеми) болушу аңчылык менен кесиптенгендер үчүн мыйзам ченемдүүдөй көрүнөт. Бул уруунун тарыхынын талаш легендалык бөлүгү.
           Бизге анын өкүлдөрүнүн Фергана өрөөнүндө, Наманган, Анжыян бөксө тоолорунда жашаган кыргыздын (кырккыздын) тукумдары катары уламыштан белгилүү болсо (Аксикенттик Сайфеддин) амир Темирдин биографтарынын жазгандары аркылуу Тагай бий реалдуу жашаган инсан катары белгилүү. Болжол менен ошондон тартып изилдөөчүлөр жазма тарыхка таяна алат. Чынын айтканда ал жазма даректерде да мифтер менен чындык аралашып жүргөнүн айтуу ашык болбос. Бирок башка материалдардын болбогондугу, же асыресе жоктугу бизди барына ыраазы болуп, ага шилтеме берип, уруу эл жөнүндө баяндама берүүгө мажбурлайт. Бир кезде «Библия» бай¬ыркы еврейлердин тарыхын, ал эми «Куран» орто кылымдагы арабдардын тарыхын изилдөөдө негизги булак болгонун эске алып коюу абзел. Ал эми «Илиада» менен «Одиссея» Гомердик Грециянын тарыхынын булагы болуп бүгүнкү күнгө чейин кызмат өтөп жаткандыгы баарыга маалым. Ошол себептүү изилдөөдө чындыгы шексиз материалдар менен катар элдик ооз эки чыгармалардын кээ бир үлгүлөрү пайдаланылды.
           Сарбагыштардын Алтайдан Тянь-Шанга келиши жөнүндө так маалымат жок. Элдик тарыхта ал жөнүндө үн катпайт. Бирок ал 13 кылымдан кийин болушу мүмкүн эмес. Жазма даректе Чынгыз хандын аскеринин сүрүүсүнөн качкан (болжолу 1217-ж.) Долон эки баласы менен Чыгыш Теңир тоого келген. Кийин чоң ашууда өлгөн. Анын атынан Долон бели аталып калган (Си-Юй-ту-чжи - кытайдын генералынын өзүнүн жүрүшү тууралу запискалары.). Эртеси 10 - 11 кылым, кечи 12 кылым. Ал эми алардын Фергана тарапка оошу калмактардын басып кирүүсү менен байланышкан. Оозэки чыгармаларда «кыргыз гизар качканда», «Казак кайың сааганда», — деген доорго дал келет.
            «Си-юй-ту-Чжи» де айтылган кабарда 1759-жылы Сарбагыштар Ферганада жашаган. Алардын бир нече уруктарынын өздөрүнчө башкаруучулары болгон. Баардык сарбагыштардын жогорку жетекчисинин аты Черикчи эле (Загряжский Г. «Туркестанские ведомости», 1871 г. № 45.). Ал эми капитан Андреев 1785-жылы Атаке-Багыш болуштугун Тянь-Шанда жолуктурган. Алардын кайтышы Маматкулдун бий болуп турган учуруна тиешелүү. Бул эки себеп менен болгон. Биринчиден калмактардын кыйрашы, экинчиден Ажы бий менен Маматкулдун келишпөөчүлүктөрү. Кокондун бийлери кыргыздарга ачык эле кысым көрсөтө баштаган. Ал биринчи иретте Кокондун тегерегинде жайлашкан Сарбагыш, Солто жана башкаларга карата жүргүзүлгөн. Адигине уруусунун башчысы Ажы бий бүткүл кыргыздарды бириктирүү саясатын жүргүзүп, кокон бийинин чыгышка карай жылышын токтотууну жактаган. Маматкул жигит курап эл чогулткан Темир баатырга жана «ата-конушка кетебиз», — деген ураанга таянып ага каршы чыккан. Акыры көчүп кеткен. Кийин Ажы бийге куралдуу жардам берүүдөн баш тартып, кокондуктарга жол ачкан. Сарбагыштардын баары эле Ферганадан качкан эмес. Алардын бир бөлүгү саяктар менен куда-сөөк болгондуктан аларга барып Кетмен-Төбөдө, Тогуз-Тородо калып калышкан. Кийин Болот баатыр өлгөндөн кийин анын сөөгүн Арслан-Бапка коюшуп, кийинки жылы көчүп келишкен (Сыдыков О. Көрсөгүлгөн эмгек. 32-бет. Информаторлор: Акматов Закир (45 жашта) «Коммунизм» айылы, Аликеев Самасыл (74 жашта), Кызыл-Дөбө айылы, Балбаков Зулпухар (64 жашта).). Бул 1748 - 1749-жылдардан мурун болушу мумкун эмес. Анткени, ал калмактардын империясынын кыйрашы менен тыгыз байланышкан. Булар Ала-Тоого башкалардан кийин келгендиктен жер-суу талашы чыккан. Анын жетекчилеринин 40 жигиттен турган курал¬дуу күчү, уруулук ополчениеси болгондугунан пайдаланып, калмактан качпай калып калган кыргыздын майда урууларын кыса башташкан.
           Түндүк Кыргызстан Орус империясынын оторлугуна, букаралыгына айлангандан кийин да Сарбагыштын жетекчилери (Орион, Умөталы) коңшу уруулардын жерлерин күч менен тартып алуу саясатын уланта беришкен. Бул кандуу кыргынга алып келген. Бул уруунун илгерки жол башчылары Үчүкө, Нойгут, Аргын урууларын кырууга катышса Хан Кудаян мүлдө кыргыздарды «тукум курут» кылып кое жаздаган.
           Ч.Валиханов 1856-ж. Ысык-Көлдө болгон. Анын жазганына караганда Сарбагыштардын калкы 10000 ден ашык түтүндөн турган. Ар бир үйдө бештен жан турганда сарбагыштардын жалпы саны 19 кылымдын орто ченинде 50 000 адамдан көбүрөөк болгон (Валиханов Ч.Ч. Собр. соч., Алма-Ата, т. 2, С. 42.). 1845 - 1856-жж. Темир-Болот уругу Ысык-Көлдүн түндүк бөлүгүндө, азыркы Күрмөнтү тарапта жайгашкан. Ч.Валиханов Түптөгү чоң көрүстөндө сарбагыштардын манаптары Карабектин жана анын атасынын күмбөзү жөнүндө сөз кылат. Бугулар Орустун букаралыгына өткөндөн кийин алар түштүктү көздөй көчүшкөн.
           1859-ж. А.Голубев Ысык-Көлгө келгенде, Ысык-Көлдүн түндүгүндө (Түп, Өрүктү) Үмөтаалынын айылы гана калган. Калгандары орус букаралыгынан качып Ысык-Көлдүн түштүгүнө көчүп кетишкен. «Буга биз таң калдык»,- деп жазган ал (Записки ИРГО. 1861, книга четвертая. 1861. С. 110-111.).
           Жүз жылга жетпеген мезгилде алар Ферганада, Чүйдө, Кастекте, Ысык-Көлдө, Кочкордо, Ат-Башыда, Нарында болушкан. Өзүлөрүнүн уруу жетекчилеринин баскынчылык саясатынын натыйжасында алар бир жерге жай алып тура алышкан эмес. Алардын токтобогон жортуулдуу кыймылын орустар токтоткон.
           1870-ж. Жети-Суу областындагы Токмок уездинде Сарбагыштар 5 болуш калктан турушкан.
           Тынай болушу алган аянт жана чек батыштан чыгышка карай Кегети, Шамшы, Көк-Мойнок, түндүктөн түштүккө карай Кыргыз Ала-Тоосу тоосунун күнгөй тескей бети - Чүй суусу болгон (Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник. Вып. 2. С. 169-170.). Бул болуштукта 6 айыл 1231 түтүн, 6155 адам жашаган.
           Темир-Болот болуштугунун алган аянты жана чеги; батыштан чыгышка карай Ысык-Ата суусунун чыгыш бөлүгүнөн Кегети капчыгайына Бурана суусуна чейин, түндүктөн Александр (Кыргыз Ала-Тоосу) тоосунун күнгөй тескей жагынан Чүй суусуна чейин. Темир-Болот болуштугунда 1870-ж. 1218 түтүн, 2981 адам жашаган (Ошондо. 171-бет.).
           Сарбагыш болуштугу алган аянты Түндүктөн Түштүккө карай Кастек суусунун, белинин түштүк бөлүгү Жанар-Булак - Чүй суусу, Жети-Жол тоосунун түштүгү, батыштан чыгышка карай Чоң-Кемин, Кичи-Кемин. Эл аралык чеги Алма-Ата уездинин түштүк батышы. 1870- жылы 7 айыл 1452 түтүн, анда 6260 адам жашаган.
           Эсенгул болушунун ээлеген аянты, чеги: батыштан чыгышка карай Кызыл-Суунун чыгыш жагынан Жал-Арык-Боом-Капчыгай, Тору-Айгыр суусунун батышы, Улакол суусунун батышы, түштүктөн түндүккө карай Кара-Кужур - Жоон Арык суусунун оң тарабы Кочкордун чыгышы, Орто-Токой - Кызыл-Суу. Эсенгул болуштугунда 11 айыл 1352 түтүн, 3097 адам жашаган (Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник. Вып. 2. С. 171.).
           Борукчу болуштугу ээлеген аянты Жоон-Арык - түндүк суулары, Сары-Чат менен Үкөк сууларынын ортосу. Кыштоосу Кочкор, жайлоосу Кара-Кужур. Бул болуштукта Сарбагыштардын кароосунда Азык уруусу болгон. Алардын жарымы Тынай болуштугунда жашаган. Азыктар Кочкордун ортонку бөлүгүн Туз, Түндүк сууларынын өрөөнүн жердеген. Сарбагыш уруусунун Борукчу уругу 3 айыл, азыктар эки айыл калк болгон, бардыгы 5 айыл, 1058 түтүн, 1051 түтүн калк жашаган. Борукчу болуштугу азыктардын аркасынан өтө бай болушкан. 1870-жылы аларда 26620 кой, 5658 жылкы болгон, башкача айтканда ар бир жанга 8 минден ашык кой туура келген (Ошондо. 146-147-беттер.).
           Нарын болуштугу ээлеген аянты, чеги Кажырты-Оттук, Кара-Коюн сууларынын өзөнү. Эки айыл, 500 чамалуу калк жашаган.
           Н.Аристовдун кабарлары боюнча 1890-жылдары 8973 түтүн, 44865 адамдан турган (Аристов Н.О. Опыт выяснения этнического состава киргиз Кайсаков большой орды, «Кара Киргизов» на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях и родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся антропологических исследований. Журнал «Живая старина». Вып. 3 - 4. С.-Петер¬бург. 1894. г. С. 443.). Бул уруунун өкүлдөрү тынымсыз үстөмдүккө далалат жасаганына байланыштуу кандуу согуштарды башынан өткөргөн. Анын өкүлдөрү 1916-ж. кыргыздардын элдик боштондук кыймылына активдуу катышкан. Мөкүш Шабданов, Канат кошундун командирлери, хан болуп көтөрүлүшкөн. Көтөрүлүштө кырылгандардын басымдуу көпчүлүгү ушул уруунун калкынан болгон. Болжолдуу эсеп боюнча алар жалпы калктын 60 процентине чейинкиси жазалоо отряддары тарабынан кырылган жана ачкадан өлгөн. Падыша өкмөтүнүн геноциддик саясатынан булардан көп жапа чеккен уруу болгон жок. Кыргыздын башка урууларына караганда Сарбагышта башка жактан келип кошулгандар көп. Анын арасында өзүнүн түпкү ата теги боюнча калмакка, казакка барып куйгандар аз эмес. Бирок эки жүз жылдын ичинде бирге жашоонун натыйжасында өзүлөрүнүн этникалык аң-сезимин, өзгөчөлүгүн жоготуп сарбагыштын бир уругу, же бир атанын балдары болуп кетишкен. Булар 1897-ж. эл каттоодон бери өзүлөрүн кыргыз деп аташат. Тескерисинче казактардын Орто жана Улуу жүзүнүн калкынын арасында бул уруунун өкүлдөрү бир кыйла болуп, бирок кийин казакташып кетишкен. Сарбагыш уруусунун хан Кудаяндын «Гиссар жүрүшүнө» кайтышып кырылгандан калганы тажиктер, өзбектер менен аралашып этностук сапатын жоготушкан.
           Тамгасы жагалмай ( ), урааны Атаке.
           Сарбагыш уруусу кыргыз элинин калыптанышына активдуу катышкан. Бул ар улутка айлануу процессинде да ошондой эле ролду ойноодо. Алар Чуй, Кемин, Кочкор райондорунда калктын көпчүлүгүн, Ысык-Көл, Ат-Башы, Тянь-Шань, Ысык-Ата райондорундагы калктын 30 - 35% түзөт. Андан сырткары Токтогул районунун Кара-Сууда, Каракол-Сайда, Кайыңды-Сууда жашашат. 1953 - 1955-жж. кабар боюнча алардын саны 600 адам болгон (Винников Я. Н. Труды Киргизской экспедиции, т. I, 148-бет.). Октябрь революциясынан кийин алардын башка этностор менен аралашуу процесси ылдамдады. Башка уруулар сыяктуу эле этностун жогорку тепкичи - элге калыптанды. Уруу өзүнүн этникалык бөтөнчөлүгүн жоготту. Бул прогрессивдуу процесс барган сайын күч алууда.

                          МОҢОЛДОР УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Моңолдор уруусу боюнча информаторлор: Узак Молдо (70 жашта), Дөбөлү айылы, Нарын району; (Апыш, Араке уулунун кол жазмасы); Дербшиев Өкүн (56 жашта), Ак-Моюн айылы, Ат-Башы райо¬ну, Осмонов Балбай (42 жашта), Ак-Жар айылы, Ат-Башы району; Кыдалаков Изак (64 жашта), Самансур айылы, Кемин району; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек; Винников Я.Н. Көрсөтүлгөн эмгек.)
           Моңолдор (Муңгулдар, Монголдор) уруусу боюнча кытай даректеринде «Си-юй-ту-чжиде» Ч.Ч.Валиханов, Г.Загряжский, А.Н.Аристов (Валиханов Ч.Ч. «Поездка в Кашгар». Собр. соч. т. Загряж¬ский Г. Очерк Токмакского уезда. «Туркестанские ведомости», 1873 г. № 10, Аристов А. Указ. 437.) сыяктуу революцияга чейинки изилдөөчүлөр бир пикирде болушкан. Алар моңолдор кыргыз этносуна сырттан келип кошулган деген пикирди жакташкан. Моңолдордун келип чыгышы боюнча О.Сыдыков төмөндөгүдөй кабар берген. «Моңолдор деген сөздүн ичинде «О» арибин «алифке» айландырып, «маңгол» деп жазылып кетти. Жөнөкөй элдин тилинде кыскарып моңолдор деп кетти... Илгери Көкө, Тахир деген эки уул Туркестандын Ак-Дөбө деген жеринен качып келди. Алардын атасы Кылыч хан деген болуптур. Ал кезде Адигине Тагай Оштун үстү жагындагы Керме-Тоо, Сары-Белде турушкан. Хандын баласы болгон үчүн Көкөнү Адигине, Тагай Наал деген эжесине үйлөнтөт. Тахир Көкөгө таарынса керек, Жалайыр деген казак ичине барып турду. Наал эже дагы бир бала төрөгөн эле. Атын Муңуулдур койду. Могул (Монголдор) ушундан (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн эмгек, 88 - 89-бет.). «Маджми ат-Таварихте» болсо Атан бийден Кулжыгач төрө, андан Инги төрө, андан Акматбек, андан Монголдор тарайт (Материалы по истории Киргизии. Вып. I. Көрсөтүлгөн бет.). Махмуд Чурастын «Тарыхында» кыргыз Мухаммед хан (1609 - 1672), андан Шах-Шуджа ад-дин Ахмаджан, анын бир баласынан (аты белгисиз) Зия ад-Дин Темир султан, андан Ахмед султан (Фурлад хан), Махмуд хан (Кылыч хан), Кылыч хандан Дайыр, Көкө эки уул» (Махмуд Чурас. Тарых. М., 1976. 297-бет.). Элдик ооз-эки санжыра менен бул чыгарма ушул жерден бири бири менен айкашат. Так үчүн болгон күрөштө Кылыч хан уулануудан өлөт. Анын аялы Кушчу уруусунун жана Кашкар кыргыздарынын бийи Сокур бийдин кызы эки эркек баласы менен качып кетет. Сокур бий хандан коркуп аларды Ала-Тоого качырат. Бул 1636-ж. болгон окуя. Ал эми жогорудагы уламыш боюнча алар Тагай бийге келген имиш. Тагай бий мындан 200 жыл мурда өлгөн. Анда Сарбагыштардын манабы Маматкул болгон. Мунун өзү Ч.Ч.Валихановдун так айтуусундай «Чыгыштын жомогунун бири» экенин айгинелейт. Чындык ортодо жатат. Моңолдор уруусу могол империясы кулай баштаган мезгилде кыргыз чөйрөсүндө пайда болгон. Экинчиси «жаңы» уруулардын бири. Махмуд Чурас моңолдорду түз эле Кыргыз Мухаммеддин небереси катары берип отурганы бекеринен эмес. Муну чындык катары кароого болот. Ал байыркы кыргыз этносунун курамасында болгон эмес.
           Алардын түпкү аталарынын бири кыргыз болгонуна карабастан кийин моңголдун бийлик кылуучу чөйрөлөрү менен аралашып, анан кыз алып, кыз берүү жолу менен кыргыздар менен куда сөөк болуп кетишкен. Ошол себептүү Монголстан кыйраганда алар таякелерине, түпкү тегине келип баш калкалашы мүмкүн. Бул узак доор элдин эсинде ар түрлүү чагылып ар кыл болмуштарды пайда кылган. Ошол топко калмактардын кандуу жүрүштөрүнүн мезгилинде, кытай императорунун «Жунгар мурасы» үчүн болгон чабуулунун мезгилинде моңголдордун айрым топтору Кылыч хандын тукумуна келип баш калкалашы табигый нерсе. Киринди болгону менен алар өзүнүн түп атасын, ысмын этникалык тобун эске сактап калышкан. Башка бир болумушта Моңголдордун түпкү атасы Мары бийдин кичи аялынын уулунан таратышат. Иши кылып вариант көп. Бирок биздин оюбузча Кылыч хандын ва¬рианты чындыкка жакын. Анткени ал жазма булактар, тарыхый инсандар менен бекемделип отурат. Анын үстүнө Моңолдордун түпкү аталарынын бири Самансур калмактарга каршы күрөштө аты чыккан инсан. Ал эми анын атасы Көкө Нойгуттар менен болгон согушка катышкан. Бул 17 - 18 кылым. Санжыра менен жазма булактын дал келиши мына ушундай.
           Эми жаңы доордогу кабарларга кайрылалы. О.Сыдыков 1914-жылы «Моңолдор эки болуш: Туртоодо, Ат-Башыда» (О.Сыдыков. Көрсөтүлгөн эмгек. 90-бет.) - дейт. Бул уруунун өкүлдөрүнүн белгилүү инсандары Кылыч хан, Самансур. Элдик оозэки тарыхтын дарегине караганда Самансур заманынын эр жүрөк баатыры гана болбостон кыргыздарда наркты, мыйзамды биринчи тартипке келтирген. Бул жөнүндө О.Сыдыков «Кыргыз ичиндеги «Нарк, адат» дегенди ошол Самансур чыгарган» (О.Сыдыков. Көрсөтүлгөн эмгек. 90-бет.) деп жазат. Андан кийин Абадандын уулу Жакыпбек Борбордук Тянь-Шандагы моңолдорду бириктирген. Шаркыратма болуштугун түзүүгө көмөктөш болгон. Анын уулу Богачы көрүнүктүү эл агартуучу, обончу, акын катары белгилүү. 19 кылымдын аягында Борбордук Тянь-Шандын орчундуу жерлерин ээлеген Моңголдор Каракол уездинин Нарын, Шаркыратма болуштуктарын түзүүчүлөрдөн болушкан. Нарын болушунда 8 айыл 851 түтүн, орто эсеп менен 4255 адам, Шаркыратма болушунда 9 айыл 1738 түтүн, 5830 адам болгон (Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 151-152-бет.). Моңголдор туташ Бишкек уездинин Быстровка, Канай болуштуктарында жайгашкан.
           Азыр Моңолдор Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн, Ак-Жар айылдарында, Тянь-Шань районунун Жан-Булак, Дөбөлү айылдарында, Аламүдүн районунун Орто-Алыш, Жаңы-Алыш, Чым-Коргон айыл¬дарында, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Чаткал районунун Ак-Таш, Көк-Таш, Токтогул районунун «Кайыңды» айылдарында жайланышкан. Кыргыз элинин калыптанышына катышкан этностук топ. Бирок ал процесс чогуу жашаган ири этностор аркылуу болду.

                          КОҢУРАТ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Коңурат уруусу жөнүндө кабар берген информаторлор: Ажибеков Ишемби (80 жашта), Чырак айылы, Жети-Өгүз району; Чоробаев Абдыкалык, Нарын шаары; Маңытов Сагымбай (68 жашта), Шалба айылы, Жети-Өгүз району; Алиев Кул (52 жашта), Кең-Суу айылы, Түп району; Жусубалиев Айткулу (58 жашта), Гүлчө айылы; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек. 62 - 63-бет.)
           Кыргыз нааманын белгилүү өкүлдөрү Коңурат уруусунун келип чыгышына көп көңүл бурушкан эмес. Революцияга чейинки изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү аларды кыргыздарга сырттан келип кошулган, а дегенде түрктөшкөн, анан кыргыздашкан моңголдор катары карашкан.
           Уруунун аты, уруктун атынан, башка бир шарттарда ар кыл этностордун бирикмесине кирген, жетекчи уруунун атынан келип чыгат. Аталык доордо көпчүлүк учурда туушкандардын тобунун жолбашчысынын ысмынан аталат. Ал эми кээ бир артта калган калктарда уруктун, уруунун ысмы, анын пиринин атынан коюлат. Бул көпчү¬лүк учурда жаныбарлардын атынан болгон.
           Коңурат уруусу жөнүндөгү алгачкы кабарды Рашид-Эд-Диндин «Сборник летописей» жана П.Карпиндин «История монголов», - деген эмгектеринен алабыз. Абулгазы, Радлов жана Аманжолов С.А. ж. б. лар аларды байыркы түрк уруусунан болот деген ойду колдошот. Чынгыз хандын армиясында 5 миң коңураттар болгон. Бул Монгол, Коңураттар кийин, Өзбек, Казак союздарына катышып, түрктөшүп кетишкен жана алардын өкүлдөрү казак, өзбек жана каракалпак элдеринин калыптанышына шарт түзгөн. Коңураттардын Кыргызстанга келиши да ошондой эле. Бул процесс боюнча Т.А.Жданко, Ахмедов Б. сыяктуу окумуштуулар чоң изилдөө жүргүзүшкөн (Жданко Т. А. Очерки исторической этнографии каракалпаков. М.-Л., 1950. С. 119-121; Ахмедов Б. Государство кочевых узбеков... С. 46-106.). Я.Р.Винников Коңураттарды Адигине уруусунун бир бөлүгү катарында туура эмес караган. С.М.Абрамзон Ысык-Көлдө жана Ошто жашаган Коңураттар өзүлөрүн байыркы монгол-коңураттын тукуму деп эсептешет дейт. Бирок алар 14 - 17 кылымдарда алардын айрым өкүлдөрү быякка келишип Дөөлөс, Кытай, Бугу, Адигине урууларынын өкүлдөрү менен коңшу туруп калышат. Кыр¬гыз санжырачылары аларды жээн кыргыз, кыргыз-коңурат дешет. Коңурат уруусунун санжырачылары өзүлөрүн түбүбүз түрк дешет.
           1913 - 1914-жж. Жети-Суу облусунун Пишпек уездинин, Сарыбагыш болушунда 11 түтүн, 91 жан коңурат жашаган. Революцияга чейин башка статистикалык кабар жок.
           Коңурат уруусунун өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунда Жанбулак, Челпек, Алкым айылдарында, Ош облусунун Гүлчө районунда Мурдаш, Кызыл-Коргон, Таш-Короо, Таш-Башат айылдарында жана Кара-Суу районунун айрым айылдарында жашашат.

                          КАТАГАНДАР                                                                                                           (Мазмунга)

            (Мустай уулу Боотай (40 жашта), Бишкек шаары; Тоголок Молдо. Көрсөтүлгөн эмгек; Чыныкеев Ыманалы (76 жашта), Жумгал району. Таш-Дөбө айылы; Балтабаев Аманалы (70 жашта), Чоң-Дөбө айылы; Чоткараев Усубалы (74 жашта), К.Маркс атындагы айыл, Тоң району.)
           Катагандар байыркы кыргыз, кээ бир болмуштарга караганда байыркы турк урууларынын бири. Алар Эне-Сай кыргыз этносунун, же байыркы кыргыз уруулар сою¬зунун бири. Кытай, араб, перс булактарында алар жөнундө кабарлар жок. Ошол себептүү катагандар ал союзда жана катышкан башка саясий бирикмелерде көрүнүктүү ролду ойнобосо керек. Катагандардын качан Орто Азияга келгендери жөнүндө эч дарек жок. Болжолу, алардын жер которуусу Сол канаттын урууларынын өкүлдөрү менен бирдей мезгилде болушу ыктымал. Анткени алардын тарыхта белгилүү жетекчилери Сол канат кыргыздар менен 16 кылымдан тартып канатташ жаткан. 17 кылымдын акырында 18 кылымдын биринчи чейрегинде казак-кыргыз союзунун чыңалып турган мезгилинде алардын жетекчиси Турсун сол кыргыздардын лидери катары эки илтик (кыргыз, казак) Эшим хандын вазири болгон. Эшим хан Чыгыш Түркестанга жүрүш жасап кетет, калмактар менен кожолордун кандуу кагылыштарына катышып узак кабарсыз болот. Турсун бул абалдан пайдаланып Эшим хан менен достошкон антын бузуп, сарайлык төңкөрүш жасап, өзүн хан деп жарыялайт. Хандыктын ордосун Түркестандан Ташкенге которот. Эшим хан аз сандуу жигиттери менен жашыруун келип кулга, күңгө айланган туугандары менен жолугат. Кол жыйнап, амал менен Турсун ханды жеңет. Бул окуя 1626 - 1628-жылдары болот. Турсун хан даргага асылат. Мал мүлкү чачылат. Улуу баласы Кашкардын ханына, таекесине качып кетет. Кызы күлүк ат байгеси катары Саяк Бай Түгөлгө кетет. Бай Түгөл кызды күңдүктөн бошотуп, уулу Маңгытка алып берет. Маңгыттан Сүйөркул, Касымкул, Эсиркемиш үч уул. Буларды Байдын балдары атынан чакырбай катаган деп жүрүшүп, катаган аталып кетишет. Бирок аты болгону менен заты Саяктын Курманкожо уругуна киришет. Алардын байыркы тарыхынан Манастын кеңешчиси, досу хан Кошой жомокто айтылат. Анын ысмы менен Таласта жана Ат- Башыда эки Коргондун урандысы бар. Ат-Башыда Кошой Коргон 11 - 12 кылымда тургузулган. 1908 - 1910-жж. статистикалык кабар боюнча катагандар Пишпек уездинин Жумгал болушунда 75 түтүн, 352 жан, Кечике болушунда 8 түтүн 62 жан, Каракол уездинин Улакол болу¬шунда 198 түтүн 909 жан (Материалы по киргизскому землепользованию, Пишпекский уезд. С. 125, 132. Ошондо. Каракольский уезд. Петроград. 174-176.) жашашкан. Сүйөркул менен Касымкулдун тукумдары Жумгал районунун Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кум-Арык айылдарында, Эсиркемиштин насилдери Тоң районунун Ак-Терек, Кара-Гөө айылдарында, булардын майда топтору Кочкор районунун Кызыл-Дөбө, Мантыш айылдарында турушат. Колхоздор иргелешкенден кийин алар бир топ чачырап кетишкен. Мына ошентип байыркы катаган уруусу өзүнүн жетекчилеринин аксымдыгынан бир нече жолу кыргынга дуушар болуп чөлгө жааган жамгырдай кумга сиңип, буу болуп учуп кеткен. Алардын тагдыры байыркы кыргыз, түрк урууларынын көбү менен окшош.

                          ТӨБӨЙ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Төбөй уруусу жөнүндө кабар берген информаторлор: Оморов Шаршен (36 жашта), Ак-Талаа району, Эмгек талаа айылы; Аралбаев Усупбек (60 жашта), Тянь-Шань району, Жалгыз-Терек айылы.)
           Төбөй уруусу жөнүндө О.Сыдыков эки ача пикирди окурмандарга сунуштаган. Биринчиси жалпы кыргыз санжырасында Төбөй Арсланхан, андан Байчоро, андан Чумамбай, андан Кийикбай, андан Төбөй (Сыдыков О. Көрсөтүлгөн эмгек. 26-бет.). Ал эми ошол эле китептин 95-бетинде Жетикен (Жетиген) ал кишинин чыныгы аты Ыбраим, андан Кушчу, Кытай, Жетиген, Тө-бөй деген төрт урук тарады» - деп жазат. Бирок бул жерде да Төбөй кырк уруулуу кыргыздын бири болсо, анда ошол адепки дүмүрдөн кайра өнүп чыккан, чырпык кийинки Төбөй уруусунун өкүлдөрү болбосун деген суроо туулат. Бул кубулуш өтө көктүк менен бир нече жолу кыргыздын эски уруусу менен жаңы уруулары байланыштырган мамы казык болуп отурат. Ага таянып кийинки кыргыз уруула¬ры эски ат менен кайра жаралган деген ойго түртөт. Бул өзүн тукум курут болуудан сактап калган байыркы кыргыз урууларынын көпчүлүгүнүн өмүр баяны сыяктуу сезилет.
           1912 - 1913-жж. өзүн Төбөй уруусуна ыйгаргандар Пишпек болушунда 43 түтүн 47 жан, Эсенгул болушунда 9 түтүн 35 жан, Олуя-Ата уездинин Кара-Кол болушунда 14 түтүн, 35 жан, Пишпек уездинин Эсенгул, Ажы болуштуктарында 189 түтүн, 535 жан, Пишпек уездинин ар кайсы айылдарында 35 түтүн, 165 жан жашаган (Материалы по киргизскому землепользованию. Пржевальский уезд. С. 219; Там же. Пишпекский уезд 222; Там же, Олуя-Атинский уезд. 222; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек. 82-бет.).
           Төбөй (тобой) уруусу Сарыбагыш жана Солто уруула¬рынын уруу жетекчилеринин кол алдында жашаган. Алар өтө аз сандуу келишип негизинен букарачылыктын ролун аткарышкан. Алардын уруулук тамгасы, урааны болгон эмес. Барымталарда, уруу аралык уруштарда алардын өкүлдөрү көп зыянга учураган. Төбөйлүктөрдүн арасынан уруунун санжырасын билгендер табылган жок. Булардын көпчүлүгү Сарыбагыштар менен аралашып кеткен. Информаторлордун көпчүлүгүнүн айтуусу боюнча алардын түпкү атасы Кара-Тал. Мунун өзүн алардын сол кыргыздардын ураанына, алардын түпкү бабаларынын бирине кошулууга кылган аракет деп кароого болбойт. Ал эми алардын Эне-Сайдан Теңир-Тоого качан келгендиги жөнүндө дарек жок. Болжолу Төбөйлөр ошол учурда эле этностун сапатын жоготсо керек.
           Жыйырманчы кылымдын ортосунда төбөйлөр Ак-Талаа районунун Эмгек-Талаа, Учкун, Ылайлуу-Суу айылдарын, Тянь-Шань районунун Боз-Кыя, Жалгыз-Терек айылдарында, Ат-Башы районунда, Кочкор районунун Кош-Алыш, Төш-Булак айылдарында, Кемин районунун Бейшеке, Кашкелең, Чым-Коргон айылдарында, Сокулук районунун Белогорка, Жыламыш айылдарында, Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында, Талас районунун Сасык-Булак, Чычкан жана Топчу-Баш айылдарында, Жайыл районунун Күрпүлдөк, Чолок-Арык айылдарында жашашат.

                          СОЛ КАНАТ                                                                                                           (Мазмунга)

           Элдик оозэки тарыхта, санжырада Сол канатка; Басыз, Жетиген, Кылыч тамга, Кытай, Мундуз, Карабагыш, Саруу кирет. Элибиздин тарыхында Оң жана Солго бөлүнүү бери болгондо эки ирет болгондой. Биринчиси кыргыздардын Кара кытайларга каршы күрөшүнүн мезгилинде (12 кылымда), экинчиси 15 кылымда кыргыздардын кай¬ра жыйылуу мезгилинде, асыресе кептин учу экинчи бөлүнүү жөнүндө журуп жатат. Бул болжолу кыргыздардын бир бөлүгүнүн Чыгыш Түркестандан Орто Азияга көтөрүлгөн мезгилде болсо керек. Анын кайсы уруу кайсы уруунун, кимдин жетекчилиги астында болгону белгисиз. Кыйыр кабарларга караганда (элдик оозэки чыгарма жа¬на кээ бир Орто Азиялык авторлордун жазып кеткендери) Тагай бийге же Караталга ыйгарылат. Ошол учурдагы көрүнүктүү инсандардын ичинен бул ролду Кытай баатыр, же Сарыбугу баатыр ойношу да мумкун. Бул асыресе ачык. Маселе Сол канаттын урааны Көнөк, кийин Каратал болгон, тамгасы ( ) кашка таман. (Радлов В.В. Из сибири. С. 354, Гродеков Н.И. көрсөтүлгөн эмгек.).

                          КУШЧУ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Кушчу уруусу боюнча информаторлор: Абдыраимов Насыралы (58 жашта), Кара-Суу айылы, Мурунку Буденов району, Талас облусу; Чомокеев Абыке (77 жашта), Учкун айылы, Ак-Талаа району; Чоробаев Абдыкалык, Нарын шаары; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгекте; Винников Я.Н. Көрсөтүлгөн эмгек; Жамгырчинов Б. Көрсөтүлгөн эмгек, 35-36-бет; Үсөн Ажы. Кыргыздар. 81-110-беттер; Смирнов Е. Сыр-Дарьинская область. СПб., 1887. С. 324.)
           Кыргыз санжырачылары Кушчуну Сол канатка киргизишет. Бирок бул уруу Туранияда жашаган кыргыздар эки канатка бөлүнө электе (1227-ж.) Борбордук Азияда жа¬шаган байыркы кыргыздардын негизги урууларынын бири экендиги кечээ жакынга чейин белгисиз болуп келген. Ал кушчу, кучу, коше деп бурмаланган ат менен (жада калса орус окумуштууларынын эмгектеринде Грумм-Гржимайло, Н.Аристов жана башка) ар кандай булактарда жана эмгектерде кездешет. Ал кытай хроникаларында, Бичуриндин эмгектеринде да бар. Ошого карабастан Куш-чу уруусунун азыркы насилдери санжыраны өтө начар билишет. Муну түшүндүрө турган объективдуу негиздер бар. Биринчиден, Кушчулар байыркы кыргыз каганынын аскерлери 840 - 841-жылдары эле Ак-Суу Турпанга уйгурларды куугунтуктап келгендерден деген дарек бар.
           В.В.Бартольд өзүнүн «Кыргыздар» деген китебинде» 9 - 10-кылымда кыргыздар Ак-Суу жактарда уйгурлардан кийин бийлөөчүлүк кылат эле», деп жазган (Гродеков Н.И. Киргизы и Кара-Киргизы Сыр-Дарьинской области, Ташкент, 1889.).
           Үсөн Ажы аталган эмгекте Кушчу уруусунун санжырасына кеңири токтолгон. Ал «Кушчу уруусу байыркы чоң уруулардын бири... 10-кылымдарда Орто Азияга келген Иран алымы Итеферинин чыгармасына Караганда, Орто Азияда Асык, Кутчу уруунун бардыгын жазган» (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 180-бет.),— деген баалуу кабарды берет. Аны менен бирге Кушчу уруусу 10-кылымдан 1780-жылга чейин Үч-Турпанды жердеп бийлик кылып турушкан. Кийинчерээк Какшаалга сүрүлгөн. Ошого чейин, кутчулардын бул жердеги борбору Кара-Чий экен.
           Эмгекте Кутчу уруусунун өкүмдөрүнүн Турпан, Какшаалдан Ысык-Көлгө жана Чүй, Таласка келгенин баяндайт. Ал боюнча Көлгө Чоконун айылы Тешик-Чапты ашып келген. Ал эми Абайылда менен Берик, а дегенде Анжиянга келип, андан Таласка барып жайланышкан (Ошондо, 102-бет.). Автордун ою боюнча бул Чыгыш Туркестанда калмактар үстөмдүк кылып турган учурда болгон. Кийин Жети шаарды кожолор башкарып турган мезгилде Чоңбагыш, Кушчу уруулары Жаркенттин тагын талашуучулардын ишине ак¬тивдүү катышкан. Өздөру да бийлик, жер үчүн бири бирин кырышкан. Кутчу уруусу 17 - 18 кылымдарда Кашкардын түндүк бөлүгүн ээлешет. 1622-ж. Абдылда хан Каракүчүк бий менен Сатымбай башкарган кутчулардын 10 миң аскерин талкалап, элин кыргынга учураткан. Андан Сатымбайдын баласы Алдаярбек качып кутулган. Ал кутчулар азыр жашаган Каражүлгө келген.
           1620 - 1635-жылдары Кушчу уруусунун жетекчиси Сокур бий Алты шаардын түндүгүндөгү кыргыздардын же-текчиси болгон. Ал өзүнүн күйөө баласы Кылыч ханды Жаркенттин тактысына отурушуна жардам берген. Анын 7000 кишиден турган ополчениеси так, таажы үчүн болгон күрөштө Кылыч хандын жеңип чыгышына өбөлгө болгон. Кийин Жаркенттин ханы кожолордун тукумуна өткөндө, өзгөчө Абдылда хандын мезгилинде Кутчу уруусунун өкүлү Койсары бий Чыгыш Түркестандагы кыргыздарды бириктирип хандын ферганалык кыргыздарга жасаган чабуулунан кайтып келатканда аны Ак-Сайдан тосуп туруп талкалаган (1642-ж.). Бул салгылашуудан кийин Аб¬дылда өзүнүн саясатын өзгөртүп, 1661-жылы өзүнүн туугандарына ишенбей Койсары бийди Кашкарга, Алдаярбекти (1599 - 1653-жж.) Коконго, Куртка бийди Ак-Сууга аким кылып бекитип, өзү Мекеге кеткен (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек, 103-бет.). Бул кабар Чорастын «Кашкар тарыхында» ырасталат. Элдик оозэки тарых менен жазма тарыхтын дал келиши 17 кылымда Кушчулар Чыгыш Түркестанда чоң саясатка активдүү катышкандыгын күбөлөйт. Азыр Кушчу уруусу Син-цзян автономдуу районунун Каражүл кыргыздарынын 50 процентин, Ак-Чий кыргыздарынын 30 процентин түзөт (Ошондо. 104-бет.).
           Кутчу уруусунун Төбөй, Каратал уруктарын Ысык- Көлгө жана Таласка ооп кеткендиги жөнүндөгү кабар сол кыргыздарынын Ферганага жана Ысык-Көлгө келгенинин жолун көрсөтүп турган жокпу? деген суроону туудурбай койбойт. Алардын эл, жер которушунун себеби эзелтеден кыргыздын кендирин кескен, кымыран аштай, көк таштай көкөйгө тийген, иттей кабышып, ирдене калса чабышып жүргөн адаты. Бул жүрүш-туруш кыргызды атам замандан бери көлөкөдөй ээрчип жүрөт. Пишпек уездинин Талкан болушунда 50 түтүн, 261 жан. Таластагы кушчулар 1909 - 1910-жж. Бакайыр болушунда 100 түтүн, 550 - 600 адам, Каракол болушунда 68 түтүн 471 адам (Материалы по киргизскому землепользованию. Аулиеатинский уезд. Ташкент, 1911. С. 32, 152.), анын өкүлдөрү Наманган уездинин Чаткал болушунда жана Анжыян уездинде Көгарт болушунда жашашкан.
           Урааны Каратал, тамгасы Күн ( ). Каратал жалпы кыргыз урааны болгондугунан улам Кушчулар Ала-Тоодогу кыргыздардын башчылары болгондой сезилет. 1950 - 60-жж. аларга өздөрүн ыйгаргандар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Алкым айылында, Талас районунун Талды-Булак, Ак-Коргон, Көпүрө-Базар, Үч-Эмчек, Арал айылдарында, Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол райо¬нунун Караван айылында, Чаткал районунун Камыш-Кыя айылдарында, Ош облусунун Ленин районунун Сакалды айылында жайлашкан. С.М.Абрамзондун изилдөөсүндө кутчу уруусунан Сабатар уругу 272 түтүндөн, Каймазар - 186 түтүндөн, Кыржы 143 түтүндөн, Бүргө - 97 түтүндөн, Кангелди - 95 түтүндөн турган (Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек. 72-бет.). Орто эсеп менен 3965 жан болгон. Мындан сырткары башка калктар менен аралашып Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Ош облусу¬нун Базар-Коргон районунда жашашат.

                          САРУУ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Саруу уруусу боюнча кабар бергендер: Улаков Үсөнбай, Сары Камыш айылы; Асранкул Итибаев (70 жашта), Кызыл-Сай айылы Киров району; Какеев Шадыбай (62 жашта), Таш-Арык айылы, Та¬лас району; Өмүралиев Дүйшөналы (54//55 жашта), Бейшеке айылы, Киров району; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек. 74-бет; Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 153-бет.)
           Бул уруу жөнүндө Я.Бичурин, Г.Потанин, Ч.Валиханов, Н.Аристов, Е.Смирнов өндөнгөн революцияга чейинки авторлордун эмгектеринде учкай кабарлар бар (Бичурин И. Көрсөтүлгөн эмгек; Аристов Н.А. Опыт выяснения... 9-10-бет...; Смирнов Е. Көрсөтүлгөн эмгек.; Потанин Г.П. Очерки северо-западной Монголии С. 3, вып. 2.). Баарынан кеңири ойду Н.А.Аристов айткан. Ал казактардын Кирей уруусунун чыгышы жөнүндөгү Г.П.Потаниндин уламышына кайрылып, Сары үйсүндүн (Усундун) Кара бий деген уулунан Кирейлер тараганын белгилеген. Андан кийин Кирейлер менен кыргыздардын туугандыгы динлиндер же У. Сары Үйсүндөр (Усундар) аркалуу болушу мүмкүн деген. Н.А.Аристов Сары Үйсүндөрдүн чыныгы аты кыргыз, же бул уруунун аты кыргыздын Сары Үйсүн деген кол башчысынан тараган (Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек. 9-10-бет.) деген гипотезасы окумуштуулар дүйнөсүнө 19 кылымдын акыркы чейрегинен тартып белгилүү.
           Ошентип Саруу уруусу байыркы кыргыз элинин бир бөлүгү, 16 - 19 кылымдарда азыркы кыргыз элинин калыптанышына катышкан. Бул жагынан алып караганда Саруулар экинчи жолу бир же бир нече атанын балдарынан урукка, андан урууга айлануу процессин башынан кайра өткөргөн. Тек байыркы Саруу уруусунун насилдери. Элдик санжыраларда Саруу (сары) кыргыз атанын чөбөрөлөрүнүн бири. Саруу, а дегенде адамдын ысмы, андан ири патриархалдык үй-бүлөнүн аты, андан Саруу уулу, ан¬дан Саруу уругу, андан байыркы кыргыздардын бай дубалынын бири Саруу уруусу. Алардын өкүлдөрү уйгурларды куугунтуктап отуруп Батыш Теңир-Тоого келип жеткенсийт. Анын Чыгыш Түркестанга келип, ал аркылуу Арпа аркалуу Ферганага келип жайланышкан. В.П.Наливкин: «1880-жылдары Фергананын тундук чыгышында жашаган Саруулар кийинчерээк эле Алай тараптан ооп келишкен» - деп жазган (Наливкин В.П. Киргизы наманганского уезда «Туркестанские ведомости», 1881 г. № 20.). Ал эми 1953 - 1954-жж. Я.Р.Винниковго анын информаторлору Н.Качкеев, Т.Аттокуров, М.Сүйөркүлов жана башкалар Караван, Жаңы-Жол, Ала-Бука райондорунда жашаган саруулар быяка 8-9 курак мурда Чүй, Таластан келгенбиз деп айтышкан. Бул 225 - 220 жыл илгери, Орус бийдин убагында болгон (Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 153-бет.).
           Бул жерде Орус бий жөнүндө сөз болуп калган соң, ал жөнүндөгү кээ бир кабарларга окурмандардын көңүлүн бурууга туура келет. Жазма булактарда Орус бий Чынгыз хандын убагында жашаган каган. Ал Чынгыз хандын элчилерин кабылдап, ага согушсуз багынып берген. Башка бир булактарда Чынгыз хандын армиясы Букараны курчап турганда, ал жерде жашаган кыргыздардын бийлери алардын ичинде Орус бий элчи аркылуу аскер башчысы менен сүйлөшүп багынып берет. Ошону менен алар өзүлөрүнүн калкын аман сактап калат (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 80-бет.). Бул 1220-жылы болгон. Бирок Үсөн Ажы бул кабарды кайдан алганын жазбайт. Тек гана тарыхый эстеликтерге караганда деп жалпылап коет. Бирок, Орус бий менен катар Тайбушу Мамак (Маймак), деген инсандардын ысмы аталат. Алар болсо кыргыз санжырасынын белгилүү каармандары. Бир сөз менен айтканда, Саруулар а дегенде Фергана, анан Талас, Чүйгө кийин келишкен. Ал эми алардын Чаткал, Жумгал, Жаңы-Жол, Караван райондоруна кайра жайланышы болсо калмактар менен болгон боштондук күреөшүнүн, ошондой эле, казак кыргыз чатактарынын натыйжасында, кийинчерээк 18 кылымда болгон. Алар бул күрөштөн саны жагынан аябай азайышкан. Алардын өкүлдөрү башка кыргыздар сыяктуу эле жоо жеткис капчигайларга, табигый чептерге кире качып кутулушкан.
           1670-жылга чейин кыргыздардын оң жана сол бөлүгүнүн аскер жетекчилери ургундудай ушул уруунун өкүлдө¬рү болгон. Алардын уруулук урааны «Каратал». Тамгасы ( ).
           Саруулар эки кылым бою бытырап жер которуштуруп тургандыгына байланыштуу анын айрым уруктары коңшу үстөмдүк кылган уруунун тамгасын басып, ураанын чакырган. Мисалы, Пишпек уездинде жашагандар ( ) ай тамгасын кабылдашкан. Бирок солтолордун чыккан ай, тууган ай тамгасынан айырмаланып айдын чалкасынан же көмкөрөсүнөн түшкөн, абалы алынган ( ). Европалык окумуштуулар кыргыз¬ дардын бул абалын түшүнүшпөй бир урууга бир нече тамгаларды таңуулашкан. Бул өзгөчө сарууларга көбүрөөк тиешелүү. Уруучулуктун мыйзамы боюнча уруудан обочолонуп кеткен айрым уруктар малдарына өздөрүнүн тамгасын басышкан. Эгерде Н.Г. Малицкийдин версиясын кабыл алсак, анда жалпы кыргыз тамгасы ( ) ай тамга Саруу менен Солтодо сакталып калган деген болот. Ал эми 19 кылымда алардын кайра жайланышы уруу аралык, жер суу үчүн болгон чырлардын жыйынтыгы болгон. Кайра жыйналуу негизинен Чаткал, Жаңы-Жол, Караван райондорунда жүргөн. Ошол оор тагдырга карабастан 19 кылымдын акыркы чейрегинде кыргыздардын ири этникалык тобуна айланган жана алардын башка чоң уруулар менен аралашуу, сиңүү процесси токтогон. Кайра жыйылуу процесси Ысык-Көл облусунда жашаган саруулардын Жети-Өгүз районундагы Куйбышев атындагы колхозго топтолушу ага күбө. Саруулардын чачылышы жана белгилүү бир аймакка кайра топтолушу Сары-Камышта (мурунку Жумгал району) азыркы Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу) Сары-Камыш айылындагы калктын тарыхы мисал боло алат. Бул боюнча биз Улаков Үсөнбайдын анын атасынан үйрөнгөн (атасы 1901-жылы 114 жашында өлгөн) кабарынан алдык. Сары-Камышка Түлкү баатырдын мезгилинде саруулук бир жигит келип ага кызмат өтөп калат. Ал Саруу уруусунун Муратаалынын Боркемик деген уулунун баласы экен. Ошонун тукумдары Сары-Ка¬мышта туруп калат. Аны кийин «Жайылдын кыргынынан» аман калган тоо таянып черге кире качып кутулган Бакыбек деген баланы тиги Сары Боркемиктин Жансары деген адамы таап алып, Сарыкамышка алып келет. Бакыбектин атасы Үсөнбай, анын атасы Жээналы, анын атасы Өзүбек, Өзубектин баласы Бакыбек. Азыр анын тукуму Кара Боркемик аталып 140 - 150 түтүн 650 - 670 жан (Улак уулу Үсөнбайдын айтуусу боюнча (1973-жылы 117 жашта) жазып алган небереси Акматов Төрөбай.).
           Саруу уруусунун өкүлдөрү 1909 - 1910-жж. статистикалык кабар боюнча Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинин Кара-Буура болушунда 15 түтүн, 15 жан, Күркүрө болушунда 507 түтүн, 1845 жан, Фергана облусунун Наманган уездинин Чаткал болушунда 75 түтүн, 351 жан, Саруу болушунда 204 түтүн, 865 жан, Анжиян уездинин Каракул - Серей-Суу болушунда 65 түтүн, 301 жан, Жети-Суу облусунун, Пишпек уездинин Сарыбагыш болушунда 65 түтүн, 494 жан, Жамансарт болушунда 33 түтүн, 187 жан (Материалы по киргизскому землепользованию Аулие-Атинский уезд. С. 140-142, 110-1120. Материалы... Наманганский уезд. С. 43, 44, 75. Ошондо. Анжыян уезди. 15-бет. Ошондо. Пишпек уезд. 4-5-беттер.) жашаган. Алар жогоруда аты аталган административдик аймактан сырткаркы жерлерде майда топ болуп башка уруулардын жана уруктардын арасында туруп калышкан.
           Саруу уруусунун өкүлдөрү жыйырманчы кылымдын орто ченинде Талас облусунун Манас районунун Талас, Манас, Кызыл-Жылдыз, Арал, Майский айылдарында, Киров районунун Кара-Буура, Киров айылдарында, Ленинполь районунун Биринчи Май, Ключевка, Миң-Булак, Орловка, Өзгөрүш, Маданият, Бейшеке, Кызыл-Октябрь айылдарында, Талас районунун Иогансдорф, Калинин, Козучак, Атай Огонбаев, Бүлкүлдөк, Ак-Сай айылдарында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терс, Курулуш, Чанач, Орто-Терек, Жаңы-Жол району¬нун Сыны, Афлатун, Алча, Архит, Ак-Жол, Жаңы-Жол, Кожо-Ата, Кечүү, Кара-Жыгач, Коргон айылдарында, Токтогул районунун Сары-Камыш айылдарында жайланышкан. Республиканын башка административдик райондорунда, шаарларда башкалар менен аралаш жашашат.

                          БАСЫЗ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Басыз уруусу боюнча информаторлор: Улаков Конкайты, Жаңы-Арык айылы, Жумгал району; Абдыкалык Чоробаев, Нарын шаары; Шайыбек Өмүркожо (77 жашта), Кош-Дөбө айылы, Тогуз-Торо району; Тилекеев Кудайберген (61 жашта), Үгүт айылы; Ак-Талаа рай¬ону; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек, 79-бет.; Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 165-бет.; Смирнов Е. Сыр-Дарьинская область. СПб. 1887.)
           Адат болуп калгандыктан санжырачылар басызты туз эле Ку уулдан таратышат. Тарыхый көз караш менен алып караганда же Үсөн Ажынын сөзү менен айтканда ал андан көп нараактан кошулат. Басыз уруунун аты. Анын адепки башчысы ким экени белгисиз. Ал тарыхтын болмуш, адепки бөлүгүндө жатат. Бизге белгилүүсү Басыз Байыркы кыргыз элинин негизги бөлүгү. Кырк уруунун бири. 840 - 841-жылы кыргыз каганаты уйгурлардын каганатын кыйраткан соң, анын чегинген кошунун куугунтуктап отургандардын ичинде Басыздардын өкүлдөрү болушу ыктымал. Алар ошол кезде Чыгыш Түркестанга, Чыгыш Теңир Тоого келип калган өңдүү. Кийин ар кандай себептер менен Чаткал, Талас өрөндөрүндө жайгашкан. Бул сыяктуу тагдыр сол канатка кирген бардык урууларга тиешелүү. Басыздар 15 - 18 кылымдарда Борбордук Тянь-Шанга (Тогуз-Торо, Жумгалга) ооп кетишкен. Санжырасы тартипке келтирилбеген. Басыздар Туранияга, биринчилерден болуп келген кыргыздарга кирет. Алар азыркы Кыргызстандын аймагында 9 кылымдын экинчи жарымынан тартып жашап келе жатат. Алар Саруу, Саяк уруулары менен бирдикте калмак, кытай, кокон жана баш¬ка басып алуучуларга каршы күрөштө азайышкан. Алардын сан жагынан өсүшү 20 кылымга таандык, Сол канаттын өзгөчө Мундуз, Саруу, Кытай жана башкалардын этникалык тарыхы Басыздар менен үндөш, бирдей десе да болот. Бул идеяны Я.Н.Винников өзүнүн эмгегинде Мундуз жана Саруу урууларынын этникалык тарыхын, басыздар менен бирдей сызыкка койгон (Винников Я. Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 155-бет.). Алардын тары¬хын тагдырлаштар катары кароого болот. Басыздар 19 кылымдын ортосунан тартып азыркы турган жерлеринде жашашат. Ал өтө чачкын келет. Революцияга чейин алар Борбордук Тянь-Шань, Талас, Чүй, Фергана өрөөндөрүндө майда топ болуп ар кайсы чоң уруулардын букарасы катары жашашкан. Аларда саясы, аймактык, тилдик би- римдик болгон эмес. Басыздарды өзүнчө уруу катары кароо алардын өзүн-өзү таануу (басызка ыйгаруу) эси өтө катуу өнүккөн. Байыркы кыргыз этносунун бай дубалынын бири, азыркы кыргыз элинин калыптанышына катышкан.
           Басыздардын бытырап жашашы жана алардын өкүлдөрүнүн бир кыйласы Оң канаттын уруулары менен канаатташ жашашы жана уруулук санжыраны билгендери аз болгондугу С.М.Абрамзон өзүнүн «Очерк культуры Киргизского народа», - деген эмгегинде Басыз Оң ка натка кирет деп жазган (Абрамзон С. М. Очерк культуры киргизского народа. Фрунзе, 1946, 7-8 бет.). Бул көз карашка биринчи болуп Түштүк кыргыздардын этнографиясын изилдеген Я.Н.Винников каршы чыккан (Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 156-бет.). Кыргыз санжырачыларынын ою Я.Н.Винников менен дал келет. Бул тарапта революцияга чейинки авторлордон В.П.Наливкин өзүнүн «Кыргызы Наманганского уезда» деген статьясында турат (Наливкин В.П. «Туркестанские ведомости». 1881, год. № 20.). Кыскасы бул талаш-тартыштын анчалык деле терең мааниси жоктой. Я.Н.Винников, С.М.Абрамзонду туура такыйт, бирок өзү да информаторлордун айткандарына толук ишенип кетмейи бар. Алынган кабарды башка булактар менен салыштыруу азыраак кездешет. Буга бул уруунун ичине Кытай, Кылыч тамга урууларын киргизип ийгендиги ачык күбө. Кытай, Кылыч тамга Байыркы кыргыз урууларынан болгону илимде шек келтирбеген факт. Алардын өкулдөрүнүн Басыздардын арасында жашап калышы, же алардын бир уругу катары эсептеши али эч нерсени түшүндүрбөйт жана мыйзамдаштырбайт. Мындай абалда кыргыздын көп уруулары болгон. Анын эң чоңунун бири Ала-Көз, Каба саяктары алардын жетекчиси Алымбектин каалоосу менен Бугу уруусуна, Боромбайга киринди, бакма бала болуп өтүп кеткен. Малына бугунун тамгасын баскан, бугунун ураанын чакырган. Узак убакыт көлдүк саяктар бугу катары эсептелип жүргөн. Бирок андан алар бугу болуп калышкан эмес. Бул фактыга таянып көлдүк саяктарды Бугу уруусуна ыйгарып коюу туура эмес болору баарыга айдан ачык. Демек Кытай менен Кылыч тамганы Басыздан ажыратып караш абзел. Эми уруунун өзүнүн тамгасы, урааны болгон эмес дедик. Бул С.М.Абрамзондун, Н.И.Гродековдун эмгектеринде жарыяланган материалдардан көрүнүп турат. Мисалы, Ак-Талаада, Тогуз-Тородо жашаган басыздар саяктардын керки тамгасын (Талаа дептери. 1967-ж. № 3.) пайдаланышкан. Ал эми Жедигер жана Күркүрөө менен жанаша жашагандар алардын кылыч тамгасын ( ) малдарына салышкан. Адигине менен коңшулаштар Адигине, Тооке тамганы ( ) пайдаланышкан. Бул фактылар менен А.Чоробаев бул уруктарды Кытай тамгалуу Басыз, Керки тамгалуу Басыз, Кы¬лыч тамгалуу Басыз деп туура айткан. Уруктун ысмын мындай деп атоо санжырага ачыктык, ошондой эле алар¬дын аймактык жайланышы, этникалык тарыхына тактык киргизет. Бул уруулук түзүлүштүн калдыктары сакталган кыргыз коомунун башкалардан айырмасын көрсөтөт. Чынын айтканда кыргыз урууларынын тамгаларынын арбышы 19 кылымдын экинчи жарымына тиешелүү. Кыргыз- дар Россиянын букаралыгына өтуп, эл тынчып, менчик уруулуктан, уруктукка айрым үй-бүлөлөргө өткөн мезгилге дал келет. Ошентип жалпы уруулук тамга менен катар уруктук тамга келип чыккан. Ал колхоздоштурууда жоголду.
           Я.Р.Винниковдун эмгегинде Басыздардын арасына алар менен жанаша жашаган Бөлөкбай, Карагана (Карала) уруктары да кирип кеткен. Муну автордун кыргыз урууларынын жалпы структурасын ийне-жибине чейин билбегендиги, кыргыз тилин өздөштүрбөгөндүгү менен түшүндүрсө болот.
           1911-жылкы статистикалык кабарда Анжыян уездинин Көгарт болушунда 334 түтүн, 1372 адам, Өзгөн болушунда 84 түтүн, 5143 адам, Чанкен болушунда 131 түтүн, 1078 адам, Яссы болушунда 342 түтүн, 2024 адам жашаган (Материалы по киргизскому землепользованию. С. 28. 34, 52, 56. 58, 64.).
           Булар өзүлөрүн басызга жана Керки тамгалуу Басызга ыйгарышкан.
           Жыйырманчы кылымдын экинчи чейрегинде басыздар Нарын облусунун Тогуз-Торо районунун Макмал, Чет-Булак, Казарман, Атай айылдарында, Ак-Талаа району¬нун Жерге-Тал, Коңорчок, Үгүт айылдарында, Жумгал районунун Кабак айылдарында, Өзгөн районунун Зергер, Жыланды, Ара-Көл, Саламалик, Кошэгер, Кызыл-Байрак, Сузак районунун Чарбак, Кара-Алма, Кызыл-Кыя, Урумбай, Сары-Булак, Көгарт, Орток, Барпы айылдарында турушат. Мындан сырткары республиканын бир топ райондорунда (Чүй, Кочкор, Ат-Башы, Сары-Кулжа) кичине топ болуп жашашат.

                          КЫТАЙ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Кытай уруусу жөнүндө информация бергендер: Абдыкалык Чоробаев (69 жашта), Нарын шаары; Телкозиев Молдоажы (62 жашта), Жети-Өгүз району, Кытай айылы; Абдыраимов Насыралы (60 жашта), Кара-Суу айылы, Ак-Талаа району; Кошалы Осмонов (63 жашта) Чаткал району, Ленин атындагы колхоз; Маталиев Эргеш (78 жашта), Ала-Бука району; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек. 77-бет; Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 156-бет.)
           Кытай, Хтай, Китай байыркы кыргыз этносунун составдык бөлүгү. Бул уруунун аты жана келип чыгышы боюнча окумуштуулардын ой-пикирлери бир тараптуу (Наливкин В.П. Киргизы наманканского уезда. «Туркестанские ведомости». 1881 г. № 20; Смирнов Е. Сыр-Дарьинская область, 1887; Гродеков П.И. «Киргизы» и Кара Киргизы Сыр-Дарьинской области. Ташкент, 1889 г.; Аристов Н.А. Көрсөтүлгөн эмгек, 396-бет.). В.П.Наливкиндин ою боюнча кытайлар Наманган уездине Саруу менен Багыштан кийин келген, алардын жалпы мекени Чүй, Талас болуп саналат (Наливкин В.П. Көрсөтүлгөн эмгек. Грумм-Гржимайло Г.Е. За¬падная Монголия и Урянхайский край. Л., 1926 г. С. 539..). Бул анын божомолдоосу боюн¬ча калмактардын кысымы астында болгон имиш. Ал эми бул уруунун кыргыздын Сол тобуна кириши жана анын составындагылар Чүй, Талас өрөөндөрүнө түшүук чыгыш тараптан келгендиги жөнүндөгү кабарларды эске алсак, анда кытайлардын Таластан, Чүйдөн, Ферганага оошу бул алардын биринчи, ал тургай экинчи оошу да эместигин байкоого болот. Ал эми этнографтар, аңгемелешкен информаторлор өзүнүн уруусу жана анын жайгашы тууралу чеке жылырлык кабар бере алышкан жок.
           Кытай уруусу кыргыздын негизги «таза» уруусу эместигин жана алардын бул этноско «киринди» экендигин орус окумуштуулары кара-кытайлар (кидандар) менен байланыштырышкан. Бул идеяны Н.А.Аристов (Аристов Н.А. Заметки об этническом составе... 396-бет.) ачык эле айткан. 1759-жылы кытай генералы Таластан 4 миң түтүн кыргыздарды Майтак бий башкарганын, ал эми капитан М.Андреев 1785-ж. кытай болушун Муса бий башкарганын көрсөтөт (Аристов Н.А. Опыт выяснения этнического состава... 443-бет.). Бул фактылар, өзгөчө кытай булактары «Си-юй-ту-чжи» кытай уруусу жана аны менен коншулаш Саруулар, Кушчулар калмактардын үстөмдүгү мезгилинде алар өз ордунда калгандыгын аныктайт. Мунун өзү кытайлардын которулуп келиши андан мурун болгондугуна күбө. Н.А.Аристовдун эмгегинде Саруу, Мундуз, Кушчу, Кытай уруулары Кара-Талдан тарагандыгы тууралу учкай кабар бар. Анын чындыкка жатпаганын айтуу керек. Бул ой ага жана башкаларга алардын урааны бир - Каратал болгондугуна негизделсе керек. Бирок уруулардын, уруктардын союздары, ал эми сол, дал ошондой союздан болгондугунда талаш жок, бир ураандын алдында урушка киришкен.
           Кытай тарыхынын, монгол династиясынын жыл наамасында - «Юань-Шиде» 40 кыргыздар кытайдын кырк кызына үйлөнгөн. Ошондон тарагандар кыргыздар аталат (Аристов Н А. Опыт выяснения. ... 430-бет.) (башкача айтканда кытай жээн кыргыздар). Мындан сырткары санжырада кыргыз кагандары, ажолору 6 - 10 кылымдарда, кытай императорлору менен жылуу мамиледе болушкан. Кыз алып кыз берүү болгон. Дал ошол никеден төрөлгөндөрдүн тукумунан байыркы кыргыздарда Кытай уруусу келип чыккандыгы айтылат. Акыркы версия эмир Темирдин атактуу полководеци Кытай баатыр менен байланышкан. Кытай баатыр Темирдин Чыгыш жүрүштөрүнө активдуу катышкан жана анын түмөнүнө командалык кылган. Анын моголстандын башкаруучусу Камаредин менен уруштары бизге белгилуу (1380 - 1399-жж.). А.Чоробаев, К.Улаков жана башка информаторлор кытай уруусун ошол баатырдын аты менен байланыштырат, би¬рок кытай уруусу байыркы кыргыздарда болгондугун жана алар бул этностун байдубалынын бири экенин окумуштуулар танбайт.
           Жыйынтыктап айтканда кытай уруусу байыркы жана жаңы кыргыз этносунун составдык бөлүгү экенинде күмөн жок. Кытайдын башкаруучу чөйрөлөрүнүн официалдуу жыл наамаларында кыргыздарды хансу элинин жээни ка¬тары көрсөтүүгө жасаган далалаттары да бекеринен болбосо керек. «Токой жолборсу», «Тоо арстаны», «Могол¬стандын жапайы арстандары», - деген атты кыргыздарга анын коңшулары беришкен. Булар менен кандаш болууну каалагандар четтен чыккан. Эмесе калкыбызга ошол наамды берүүгө көмөк болгондордун бири 15 кылымда Кытай баатыр болгон. Анын насилдери азыр элибиздин ажырагыс бир бөлүгү. Кытай уруусунун өкүлдөрү 1908-ж. статистикалык кабар боюнча Олуя-Ата уездинин Күркүрөө болушунун № 1 - 14 айылдарында 1243 түтүн, 7137 жан, Наманган уездинин Чаткал болушунда 220 түтүн, 674 жан, Пишпек уездинин Батыш Сокулук болушунда 49 түтүн, 169 жан, Сарыбагыш болушунда 64 түтүн, 344 жан (Материалы по киргизскому землепользованию. Аулиеатинский уезд. Ташкент, 1911, С. 38, 42, 124-128. Ошондо. Пишпекский уезд. 5-6 беттер. Ошондо. Наманганский уезд. Ташкент, 1913. С. 55.) жашаган.
           Болгон адабияттарда кыргыз элинин аты жана урууларынын ысмы, европалык окумуштуулар жагынан ар бир аталуунун семантикалык жана угулуш жагына, аты уйкаштыкка көп көнүл бурулуп жүрөт. Бул бара-бара өнөкөткө айланууда. Ал оору бул урууну да аттап өткөн жок. Бирок ал метод маселени чечүүгө жардам бермек түгүл, аны ого бетер чиелештирүүдө. Кыргыздарда коңшулардын атынан (Казак, Казакбай, Сарт, Түркмөн) коюлган ысымдар көп кезигет. Андай адат илгертеден келаткан болушу ыктымал. Бирок, бул жерде кытай уруусунун составында кара кытайлардын бардыгын танууга болбойт. Анткени, кыргыздардын бардык уруулары алар менен согуш абалында болгон эмес. Алар менен союздаштары, куда-сөөктөру да болгон. Кийин алардын монголдор тарабынан жоюлгандан кийин, ошондой уруулардын өкүлдөрү баарынан мурда кытайлардын арасына келип баш калкалашы мыйзам ченемдүү иш. Бирок кеп атында эмес затында. Кытай кыргыздын составдык бөлүгү. Кыргыз этносунун өзгөчөлүгүнүн бири, анын негизине ар кандай этностордун тукумдары кошулуп, бара бара уруулардын союзуна, элге, улутка айлангандыгында турат. Анын ичинде жээндер, таякелер, кириндилер (колго түшкөн туткундар, асырап алгандар) болгон.
           Урааны бардык Сол канатка тиешелүү - Кара-Тал. Тамгасы ( ). Биринчиси жогорку тамгалуу кытай, экинчиси төмөнкү тамгалуу кытай деп аталган. Кытайлар казактардын Кереит, Сары-Үйсүн жана Жети уруу, Дуулат уруулары менен байланышта эле. Бул негизинен аймактык бирдиктен келип чыгышы абзел. Бул таблица 50-жылдарда түзүлгөн. Ал эми 60 - 70-жж. информаторлордун көпчүлүгү өзүнүн кайсыл урукка тиешелүү экенин гана билишет. Системалуу түрдө аталарын таба алышпайт. Ал эми тапкандары мурунку схеманы бузушат, чаташтырышат. Ошол себептүү өзүлөрүн Кытай уруусуна ыйгаргандарды, тек анын уруктарына бөлүп коюуну туура таптык.
           Анын үстүнө кытайлардын арасында көп жылдар бою чогуу жашаган казактар, монголдор да аларга кирип кеткендей сезилет. Буга мисал Жети уруу жана Кыйра. Илимде зордоо жок. Ошол себептүү информаторлордун өзүн-өзү таануу касиетин сыйлап так материалдар табылганга чейин аларды кытайлар менен бирге бердик. Жети атасын таппагандар бул уруунун өкүлдөрүндө гана кездешпейт. Ага Ичкиликтер да кирет. Ал эми Чүй өрөөнундө жаша¬ган майда этникалык топтордо андайлар четтен чыгат.
           Кыргыздардын бул өндөнгөн бөлүктөрү дыйканчылыкка мурда өткөндөр, көчмөн турмуш менен мурда коштошкондор болушат. Ошого карабастан алар өзүнүн кайсы уруудан, уруктан экенин билишет. Ата сүрүштүрүүнү эбак унутушкандай. Бул дыйкандар үчүн мыйзам ченемдүүдөй. Мунун өзү санжыра көчмөндөрдүн кешиги экенине далил.
           Кытай уруусунун өкүлдөрү жыйырманчы кылымдын орто ченинде Киров районунун Кайнар, Аманбаев, Кара-Сай, Көк-Сай, Маймак, Крупская атындагы, Жийде, Чим¬кент, Бакайыр, Буденный айылдарында, Нарын облусунун, Учкун айылында, Жалал-Абад облусунун Сары-Камыш айылында, Токтогул районунун Жаңы-Жол, Терек-Суу, Кара-Суу айылдарында жашашкан. Алардын өкүлдөрү республиканын башка райондорунда жана шаарларында башка этностор менен аралаш турушат.

                          МУНДУЗ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Мундуз уруусу жөнундө кабар берген информаторлор: Жумабаев Сабыр (49 жашта), Быстровка айылы, Ыманов Ободо (64 жашта), Кызыл Эмгек айылы Ак-Талаа району; Дербишев Жунушалы (65 жашта), Жумгал району, Жаңы-Арык айылы; Бейбеков Курмангалый (80 жашта), Мундуз айылы, Жети-Өгүз району; Норузбаев Өмүрзак (73 жашта), Пржевальск шаары; Абдыкалык Чоробаев (70 жашта). Нарын шаары; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек, 80-81 беттер; Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 154-бет.)
           Мундуздар байыркы кыргыз элинин байдубалын түзгөн уруулардын бири. Ошого карабастан жазма булактарга караганда алар саясий тарыхта өзүлөрүнүн изин калтырышкан эмес. Бул алардын жетекчилери кыргыз кага¬натынын мезгилинде жана андан соң, борбордон четке умтулган күчтөргө кошулушпаса керек. Болжолу мундуздар кыргыздардын башкаруучу топтору, элиталары менен ынтымакта болушкан. Алардын батышка ат башын буруусу Байыркы кыргыз каганатынын уйгурларды сүрүп жана алардын артынан Чыгыш Теңир-Тоого келиши божомолдонот.
           Бирок алардын азыркы жайлашкан аймакка качан келгендиги белгисиз. Бул кыймыл, же согуштук жортуул Чыгыш Түркестандан түндүккө карай болгондугу жана мундуздардын тобу ал көчтүн же кошуундун сол тарабында болгондугу шексиз. Анткени кыргыздарды изилдеген окумуштуулардын баары мундуздарды Сол канатка кошушат. Башка ой аларда болгон эмес.
           Бирок, мундуздун айрым өкүлдөрү буга карама-каршы чыгышат. Мисалы, Тагай Базарбаев, Молдо Сүйөркулов жана башкалар мундуздар Ферганага калмактардын үстөмдүгүнүн учурунда келгендигин айтышат жана бул окуя Жетиген уруусунун жетекчиси Орус бийдин убагында болгондугун белгилешет (Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 154-бет.). Ал эми жумгалдык Дербишев Жунушалы, көлдүк мундуздар Ферганадан келишкендигин өтө кызык материалдар менен далилдейт. Буга майда топтордун өкүлдөрүнүн кайчы пикирлери (биринчиси өзулөрун оңго ыйгарса, экинчиси солго ыйгарат) негизинен кийинки мезгилде пайда болгондугун айтуу абзел. Бул алардын башка чөйрөдө жашагандыктарын, учкан уяларынын кайда экенин баамдоого аракет жасагандыктарын көрсөтүп тургандай. Мундуздар жаңы кыргыз этносунун калыптанышына, ар биринин чогуу жашаган ири уруулар, этникалык топтор аркылуу катышты. Аларда аймак, диа¬лектика болгон жок. Бул алардын кыргыз жергесине таруудай чачылып кеткендиги менен түшүндүрүлөт. Ошонун натыйжасында алардын бир тобу түндүк жана түндүк батыш диалектисинде сүйлөп, төрт облустун аймагына жайгашса, бир тобу, түштүк диалекте сүйлөп, эки облустун аймагына майдалап жайланышкан. Мундуз уруусу 1913-ж. статистикалык кабар боюнча Наманган уездинин Кырк уул болушунда 317 түтүн, 1089 жан (Материалы по киргизскому землепользованию. Наманганский уезд. Ташкент, 1913. С. 4-5.), Олуя-Ата уездинин Байтерек болуштугунда 21 түтүн, 143 жан (Ошондо. Олуя-Ата уезди. 44-46 беттер.), Анжыян уездинин Базар-Курган болушунда 209 түтүн (Ошондо. Анжиян уезди, 444-бет. Ошондо. Пишпек уезди. Кара-кол уезди.), Масса болуштугунда 47 түтүн, 342 жан, Пишпек уездинин Кара-Балта болушун¬да 125 түтүн, 464 жан, Талкан болушунда 17 түтүн, 69 жан, Жумгал болушунда 15 түтүн, 70 жан, Каракол уездинин Жети-Өгүз болушунда 20 түтүн, 101 жан.
           Жыйырманчы кылымдын 50-жылдарында өзүлөрүн Мундузга ыйгаргандар Нарын районунун Миң-Булак, Эчки-Башы айылдарында (17 түтүн), Тогуз-Торо районунун Казарман, Көк-Ийрим айылдарында, Ак-Талаа районунун Үгүт, Көлмө, Дөрбөлжүн айылдарында, Жети-Өгүз райо¬нунун Мундуз айылында, Түп районунун Сыр-Дөбө, Кош-Дөбө айылдарында жана Талас облусунун айрым айыл¬дарында жашашкан (Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек. 81 бет.). Мундуздар коңшу уруунун, же баш ийген уруунун диалектисинде сүйлөгөн, урп-адатын кабылдаган, бирок аралашып кеткен эмес. Ал мундуз уругу, айылы аталып кала берген. Үстөмдүк кылган уруунун жетекчилерине алык-салык төлөшкөн.
           Ошого карабастан аларда уруулук аң-сезим, өзүн-өзү таануу касиети катуу өнүккөн. Чачылган мундуздардын кайра жыйылышы 20 кылымдын 30-жылдарында катуу жүргөн. Республиканын бардык облустарында алар бир колхозго, бригадага биригишкен. Отурукташуу мезгилинде бир көчөгө, бир кыштакка ар кайсы айылдардан чогулушкан. Ошентип, мундуз кыштактары, көчөлөрү пайда болгон. Байкоого караганда өтө ынтымактуу келишет. Ок¬тябрь революциясына чейин алардын өкүлдөрү оокаттуу болушкан. Бекеринен түндүк тарапта мундуз деген атка бай деген сөз кошулуп айтылган эмес. Бай мундуз деген уруктун келип чыгышы да дал ушу менен байланыштуу чыгар. Мундуздардын жалпы урааны болгон эмес. Ар кай¬сы уругу өзүлөрү кирген уруулук союздун ураанын чакырышкан. Уруулук тамгасы ( ). Бул мундуз, же ача тамга деп аталган. Мындай тамга Саруу уруусунун Алакчын уругунда, ал эми тескери ача тамга Муңгуштарда ( ) кезиккен. Мына ошентип тамгасы жагынан алар Саруулар жана Муңгуштар менен окшоштугу болгон.
           Жыйырманчы кылымдын орто ченинде Мундуздар Жаңы-Жол районунун Ак-Суу, Кызыл-Туу, Узбек-Гава, Жаңы-Жол, Үч-Курут айылдарында, Сузак районунун Мундуз, Жалал-Абад, Арал айылдарында, Базар-Коргон районунун Кыргоо, Кыргыз-Гава, Базар-Коргон, Совет, Беш-Бадам, Кыз-Көл айылдарында, Ленин районунун Чек, Сакалды, Шайдан айылдарында, Тогуз-Торо районунун Казарман, Көк-Ийрим айылдарында, Жети-Өгүз районунун Мундуз, Сары-Дөбө, Түп районунун Кош-Дөбө айылда¬рында, Нарын облусунун Миң-Булак, Эчки-Башы айыл¬дарында, Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн, Көлмө айыл¬дарында, Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында, Талас облусунун Киров районунун Бакыян, «Кайыңды», Чүй облусунун Кемин районунун Төрткүл, Калмак-Ашуу, Кара-Булак, Чүй, районунун Сайлык, Кегети кыштактарында жашашкан.

                          ЧОҢ БАГЫШ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Чоң Багыш уруусу жөнүндө информация бергендер: Иманкул Чангылов (76 жашта), К Маркс атындагы айыл, Ала-Бука ра¬йону; Кожомбердиев П. (76 жашта), Сузак району, Октябрь, Жаңы-Кайрат айылдары; Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 154—156-беттер; Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 96—100-беттер.)
           Чоң багыш уруусу байыркы кыргыз этносунун бир бөлүгү. Алардын 10 - 11 кылымдан кийинки басып өткөн жолу сол канаттын бардыгына тиешелүү сыяктанат. А.Н.Аристов Чоң Багыштарды Багыш уруусунун составына кошкон. Бул урууну Я.Р.Винников Адигине уруусуна туура эмес кошуп койгон. Үсөн Ажынын санжырасына караганда Чоң Багыштар Багыш, Сарыбагыш, Үчбагыш, Карабагыш менен бир туугандар эмес. Тек аты уйкаштар. Үсөн Ажы жергиликтүү карыялардын жана санжырачылардын айткандарына таянып «Чоң багыштар, а дегенде азыркы Текестеги Үч-Каркыра, Көк-Дөбө деген жерде туруучу экен (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 96-бет.)» - дейт. Бул кыргыздардын чыгыш Түркестанда бери болгондо орто кылымдан тартып жашагандыгына күбө. Улуу эпос Манаста Каркыра кыргыз¬дардын жайлоосу катары айтылат. Ал эми 15 - 18 кылымдарда Чоң Багыш уруусунун өкүлдөрү Чыгыш Түркестандын жергиликтүү калкынын бири. Кашкардын, Жаркенттин, Ак-Суунун согуштук жана саясы тарыхына активдуу катышкан.
           Үсөн Ажы Чоң Багыштардын Ферганага келишин Мыкы баатырдын Адигине уруусунун бийи Толубайдын кызы Назбийкеге үйлөнүш үчүн өзүнө караган 300 түтүн кара багыштар менен көчүп келгенин жана алардын Алайга жай алып калышкандыгы жөнүндө кабардайт (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек, 97—98-беттер.). Азыркы Чоң Багыштар ошолордун насилдери имиш. Ал эми 1953 - 1954-жж. ушул уруунун өкүлдөрү этнографиялык отряддын мүчөлөрүнө «Биз Ферганага Чыгыш Түркестандан Алайдан келгенбиз»,- деп билдиришкен (Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 154—157-беттер.). Бири бири менен эч кандай байланышы жок эки кабардын дал келиши болгон окуяны туура баамдагандай көрүнөт.
           Чоң Багыштардын басымдуу көпчүлүгү Кытайдын Син-Цзянь Уйгур Автономиялык районунда жашашат. «Жалпы алганда Чоң Багыш уруусу Кытайда» негиздүү чоң уруу болуп эсептелинип, чыгыш тарабы Кара-Жүлдөн тартып, батыш тарабы Окалырга чейин бүтүндөй Чоң багыш уруусу жайгашкан» (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 100-бет.).
           Кыргызстандагы Чоң Багыштар өзүлөрүнүн уруулук белгилерин жоготкон. Көпчүлүгү башка уруулар менен аралашып кетишкен. Жыйырманчы кылымдын орто ченинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдалихум айылында, Ленин районундагы Чоң Багыш айылында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Челпек жана Жол-Колот айылдарында, Каракол шаарында турушат. Чоң Багыш уруусунун өкүлдөрүнүн Чыгыш Туркестанга кайра көчүшү 1856 - 50-жылдары жана 1916-жылкы улуттук көтөрүлүш жеңилгенден кийин болгон. Ал эми Ош облусунда жашагандар Карабагыш жана Адигине урууларынын составына кошулуп кетиш¬кен.

                          КАРА БАГЫШ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Чоробаев Абдыкалык, Нарын шаары; Улаков Конкайты, Сейитов Илепес, Кочкор району, Туз айылы; Матаев Ашым (67 жашта), Кочкор айылы; Чормошов Закир (76 жашта), Жылкоол айылы, Совет району; Омукеев Молдожума (80 жашта), Үсөн айылы, Совет району.)
           Кара Багыш уруусу кыргыздар Орто Азияга келгенден тартып пайда болгон жаңы уруулардын бири. Алардын Багыш жана Чоң Багыш сыяктуу байыркы кыргыз этносунун составына кирген биринчи иреттеги уруулар менен генеалогиялык жактан байланышы бар экендигин тануу мүмкүн эмес. Кыргыз санжырасын изилдөөчүлөрдүн көрүнүктүү өкүлү Үсөн Ажы «булар аты уйкаштар бир тууган эмес», — деп кесе айтышы салыштырма материалдын жоктугунан болгондой. Кара Багыш, Сары Багыш, Чоң Багыш, Көк Багыш урууларынын түпкү аталары бир, алардын адепки конушу Эне-Сай. Булардын түпкү уругу Багыш. Калгандары ошол Багыштан тараган. «Мен муну молдокемдин Чодо карыя менен болгон аңгемесинен эшиткем», - деп акын А.Чоробаев эскерген. Чынында Кара Багыш уруусунун өкүлдөрү санжыраны билишпейт. 1953 - 1955-жж. этнографиялык отряддын мүчөлөрү, 1960 - 1965-жж. КМУнун тарых факультетинин студенттери жана мугалимдери, кийинки жылдары дипломдун авторлору алардын өкүлдөрүнөн алгылыктуу кабар ала алышпады. Санжыра тургай үч-төрт атасын араң табышат. Бул эки жагдай менен түшүндүрүлөт. Биринчиден карабагыштар кыргыздардан оболкулардан болуп дыйканчылыкка өтушкөн. А дегенде жарым көчмөн, андан кийин отурукташкан калк болуп калышкан. Экинчиден Адигине, Басыз уруулары менен коңшу болушуп алар менен аралашып кетишкен. Өзүлөрүн Кара Багыш экенин баары билишкен. Бирок, ал Адигине уруусунун бир уругу катары болжолдошот. Ошол себептүү Я.Р.Винников аларды Адигине уруусуна кошуп койгон. 1965-жылы Совет районунун Кара-Жылга айылынын тургуну Кененбаев Жакып Кара Багыштар Мыкы баатырдын калкынан, башкача айтканда Чоң Багыштар болушат деген. Кара Багыштардын тамгасы ( ) жагалмай, тамгасы жагынан багыштарга, монгуштарга, кыдыршааларга, сарууларга окшош. Баарында босого П тамга, жагалмай тамга кездешет.
           1915-жылы Кара Багыштар Ош уездинин Куршаб болушунда 102 түтүн, 673 жан, Анжыян уездинин Өзгөн уездинде 386 түтүн, 1436 жан, Яссы болушунда 1556 түтүн, 7258 жан (Материалы по обследованию туземного и русского старожильческого хозяйства и землепользования. Т. VIII, Пржевальский уезд, выпуск I, Петроград, 1916. С. 239-241. Материалы по киргизскому землепользованию. Аулиеатинский уезд. С. 160-161.) жашашкан. Кара Багыштардын кайра топтолушу 1930-жылдарга туура келет.
           1933 - 1960-жж. Кара Багыш уруусунун өкүлдөрү Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Терек, Адыр, Кызыл-Алма, Ленин, Мырзаке, Доңуз-Тоо айылдарында жайлашкан. Мындан сырткары Сузак районунда башкалар менен аралаш жашашат.

                          ЖЕДИГЕР УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Жедигер уруусу боюнча кабар берген иформаторлор: Доолуев Осмон (70 жашта), Жедигер айылы, Кант району; Бегеналиев Масалбек (76 жашта), Тельман айылы, Киров району; Тагай Базарбаев (66 жашта) Ленин району.)
           Жедигер Байыркы кыргыз этносуна кирген уруулардын бири. Мурунтадан эле аз сандуу. Окумуштуулар тарабынан өтө аз изилденген. Анын байыркы деген атка ээ болгондугу кыргыздын улуу эпосу Манаста (ачыгы Семетейде) жана элдик тарыхта Жедигердин Эр Толтой де¬ген негизги каармандардын бири катары айтылат. Бул «Казактардын кан Көкчө» «Катагандын кан Кошой» деген сыяктуу уруунун элдин атыбы, же атасынын ысмыбы, али белгисиз. Бул уруу санжырачылардын кабары боюнча эки канаттын бирине да ыйгарылбайт. Бирок, алар чырчатакка өтө жакын, барымтанын чоролору катары санжырада белгилүү. Буга далил катары алардын тамгасын келтирүүгө болот. Жедигерлердин уруулук тамгасы Кылыч ( ) урааны Каратал. Бул фактылар аларды сол канатка кошууга мүмкүндүк берет. Анткени кылыч тамга Басыз уруусунун Кылыч тамга уругунда, Кытай уруусун Күркүрөө уругунда кездешет. Мунун өзү үч байыркы уруулардын жалпылыгын көрсөтөт. Жедигерлердин же алардын айрым өкүлдөрүнүн Ферганага качан келгендиги жөнүндө маалымат жок. Айрым информаторлор (Тагай Базарбаев) калмактардын кысымы астында болду десе, башкалары (Доолуев Осмон), тескерисинче калмактардан Фергананы бошоткондо Ооганстан тараптан келген - деп баяндашат. Колдо болгон этнографиялык тарыхий материалдар же¬дигерлердин чыгыштан батышка жана батыштан чыгышка жылышы сол канат кыргыздар менен бирге болгондугун айгинелейт. Жедигер уруусу кыргыздардын кылычын жа¬на найзасын колдон түшүрбөгөн баатыр урууларынын бири болгон. 1910 - 1912-жж. статистикалык кабар боюнча Жедигербиз деп өзүн атагандар, Фергана облусу, Анжиян уездинин Базар-Коргон болушунда 12 түтүн, 50 жан, Каракол-Сер-Суу болушунда 325 түтүн, 2256 жан, Майлы Суу болушунда 532 түтүн, 5026 жан жашаган (Материалы по Киргизскому землепользованию... Анжиянский уезд. С. 14-16; 16-52.). Бул аймак Нарын дарыясы менен Майлы Суунун ортосу. Мунун өзү дыйканчылыктын өсүшүнө көмөк болгон.
           Жыйырманчы кылымдын 50-жылдарында жедигерлер Кочкор-Ата, Курулуш Ноошкен, Жеңиш, Кызыл-Кыя, Жаңы-Арык, Шамалды-Сай, Кудук, Шыңгы-Сай, Сары-Камыш айылдарында жайлашкан. Мындан башка Чүй облусунун Кант районунун Жедигер айылында жана ага туташ кыштактарда турушкан.

                          НОЙГУТ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Нойгут уруусу жөнүндө кабар берген информаторлор: Тойчубеков Абылай (60 жашта), Чүй району, Дең-Арык айылы; Чортонов Жамгырчы (72 жашта), Ороо айылы, Аламүдүн району; Тыналиев Абдыкалык (50 жашта), Ак-Талаа району, Кызыл-Эмгек айылы; Винни¬ков Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 166-168-беттер; Сыдыков Абдыкерим. Родовое деление Киргизов. Сб. «Белек», Ташкент, 1927. С. 26.)
           Бул уруу илимпоздордун көз жаздымында калган. Биринчи жолу анын келип чыгышы тууралу А.Сыдыковдун эмгегинде учкай сөз болот. Анда «элдик имиште Нойгут кыпчак бир тууган делинет. Бул алардын дайыма коңшу жашашканынан келип чыкса керек» (Ошондо, 284-бет.). Кээ бир информаторлор аларды бир тууган катары карашат. Бул экөө тең божомол. Түрк, монгол урууларынын ичинде нойгуттар дайыма өзгөчө турат. Булардан айырмаланып Үсөн Ажы өзүнүн «Кыргыз санжырасы» деген эмгегинде нойгуттарга көбүрөөк кеңул бурат. Анын «Нойгут кыргыз элинин түпкүлүктүү урууларынын бири» (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 104-бет.), - деп корутундулай жазганы чындыкка эриш-аркак. Анын тууралыгын далилдеш үчүн ал Манас эпосунун негизги каармандарынын бири Чубакты, анын атасы Ак-Балтаны (Манастын таякеси) Чыйырдынын агасы мисалга келтирет.
           Нойгут уруусу байыркы кыргыз элинин байдубалынан, кырк уруунун бири. Ошол эле автор кытай булактарына таянып нойгуттар чыгыш Түркестандагы Ак-Суу, Көк-Шаал дарыяларынын өрөөндөрүндө, жашагандыктары жөнүндө баяндайт. Алардын негизги кесиби жылкы өстүрүүчүлүк экендигин жана чыгышта даңкы чыккан Арал жылкыларын багуучулар катары көрсөтөт. Бирок эмгекте кашкайган чындык менен уламыш катар турат. Ага мисал катары 16 кылымда жашаган Жаңыл Мырзаны, Нойгуттун кызы катары берет. Жаңыл Мырза менен Нойгуттун ортосу бери болгондо бир канча куракты кучагына алат. Бул бири-бири менен сыйлыгышпайт. Үсөн Ажынын Нойгуттардын насилдери Лопнурда, Токсууда, Чоң-Жылдызда, Кичи-Жылдызда бардыгын кабардайт. Ошондой эле Нойгуттар батыш Тянь-Шанга 15 кылымда көчкөндүгү жөнүндө жазат (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 109-бет.).
           Кыргыз санжырачылары Нойгуттарды оң жана сол канатка кошушпайт. Алар ичкилик тобуна көз жумдулук менен киргизилген. Бул факты 12 кылымда кыргыздар биринчи жолу эки канатка бөлүнгөндө Нойгуттар Ферганада жок экендигин жана 15 кылымда ал жердин батыш тарабында болушуп, жүрүшкө катышпай калгандыгын айгинелейт. Монголстан кыйрап, Амир Темирдин империясы кулоонун, ыдыроонун алдында турган учурда Тагай бий жетектеген кыргыздар Кашкардан Ферганага көчкөндө Нойгуттар ал жүрүшкө катышпагандыктан оң көчтө (ка¬нат) жана сол көчтө (канат) болгон эмес. Мындай абалда Бадахшан, Ходжен, Самаркан тараптагы кыргыздарда болушкан. Булар быякта небак жашаган ички кыргыздар эле. Моголстандын башкаруучуларынын жана Темирдин узакка созулган согуштарынын натыйжасында Жети-Суу, Сыр-Дарыя бассейни эли аз, чарбачылыгы бүлүнгөн аймакка айланган. Бул жерлерге түндүктөн кыпчактар, түштүктөн кыргыздар келип кайра жайланыша баштаган. Алар жергиликтүү түрк, саяк, усун урууларынын өкүлдөрү менен эриш-аркак болуп жашоого өтүшкөн. Теңир Тоолук кыргыздарды Тагай бийден баштап калганынын бир себеби ушундан.
           Бул которулуунун кайсы бир жактарынын бетин ачууга нойгуттардын басып өткөн жолу жардам берет. Ошентип нойгуттар Ферганага Тагай бийден мурда келишкен. Ошол себептүү алар анын өз жана өгөй балдарынын (дружинасынын) тизмесине кирбейт. Мына ошентип алар Тагай бийдин ээлигинен батышта турушкан. Мындай абалда аякта илгертеден жашаган кыргыздар калышкан. Алар башка бийликте, башка дубанда жашашкан.
           Ошентип нойгуттар Алтайдан чыгыш Түркестанга, андан Ферганага келишет. Бул жол Эне-Сай кыргыздарынын жолу. Бул түрктүрдүн жолу, бирок башка уруулардан айырмаланып нойгуттар «таш түшкөн жеринде оор», - деп ошол жерге байыр алып туруп калышкан. Ал жер илгертен кыргыздар жашаган Сох дарыясынын өзөнү эле. Бул жерден алар байыркы кыргыздарды табышкан. Жаңыл мырза кыргызды издеп Лопнурга кетсе, Кара мырза кандаштарын издеп Ферганага келген. Бир кезде чыгыш Түркестандагы кыргыздардын күчтүү уруусу экиге бөлүнүп кетишкен. Лопнурдагы кыргыздардан дарек жок. 1911 - 1912-жж. статистикалык маалыматтар боюнча нойгуттар Фергана облусунун Кокон уездинде Нойгут - Кыпчак болушунда Дарыя, Кара-Булак, Кушрут, Субаш айылдык жааматтарында 948 түтүн, 4225 жан жашашкан (Материалы по землепользованию кочевого населения... (Ошский, Скобелевский, Кокандский уезды). Ташкент, 1915, С. 68-70.).
           Жыйырманчы кылымдын орто ченинде Ош облусунун Баткен районунун Газ, Кыштут, Таян, Кан, Дара, Сары-Талаа, Чек, Ак-Топурак, Зардалы, Зар-Таш, Шурдан айылдарында жайлашкан. Мындан сырткары Ноокат районунда, Фрунзе, Ленин райондорунда башкалар менен аралаш жашашат. Ошол эле жылдары өзүлөрүн нойгут дешкендер Өзбек ССРинин Кува, Фергана, Үч-Курган, Куйбышев райондорунда бар. Алар азыркы кыргыз элинин калыптанышына катышкан. Нойгуттар дыйканчылык менен кесиптенгендер менен коңшу жашашкандыктан уруулук бөлүнүшкө караганда аймактык, коңшулук бирдик күчтүү. Ошол себептүү аларда санжыра, жыл сүрүү адатка айланбаган. Бул кырдаал алардын генеалогиялык таблицасынан даана көрүнүп турат.

                          ИЧКИЛИК КЫРГЫЗДАР                                                                                                           (Мазмунга)

           Ичкилик, аркалык илгертеден кыргыздарды экиге бөлүүнүн адатка айланган түрү. Ал Октябрь революциясынан кийинки доордо өзүнүн маанисин жоготкон. Анын башаты Орто Азиянын элдерин улуттарга, мамлекетке бөлүү боюнча комиссиясынын, Кыргызстанды райондоштуруу комиссиясынын проекттеринде экономисттер менен географтардын эмгектеринде жатат. Алардын жыйынтыгы - кыргыз жергесин түндүк жана түштүккө бөлүү болгон. Натыйжада бир этникалык аймак түндүкко жана түш¬түккө бөлүнсө, бир эл да ошол жагдай менен экиге бөлүнүп калган. Мындай бөлүүгө негизинен географтар күнөлүү. Ал эми тарыхый жактан алып караганда анын эч кандай маңызы, мааниси жок. Кичинекей өлкөнү, элди географиялык (анын үстүнө так эмес) классификация ме¬нен ажыратуу өзүн актабайт. Бекеринен заманыбыздын көрүнүктүү санжырачысы, изилдөөчүсү өзүнүн китебинде «Түштүк» деген сөздү тырмакчага алган эмес (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 109-бет.). Анын үстү-нө акыркы 70 жылдын ичинде андай бөлүү аймактык жаатташууга себеп болуп кыргыздардын элге, улутка калыптануусуна өзүнүн тескери таасирин тийгизүүдө. Ар кандай авантюристтер, саясий кызыл кекиртектер аны өз кызык-чылыктарына пайдаланууда. Ичкилик кыргыздардын чыгыш Түркестанга жана Орто Азияга качан келгендиги жөнүндө толук кабар жок.
           Фрунзе районундагы Ленин колхозунун, Бирлик айылында жашаган Жоро Мамбеткулов, Халмурза Оморов жана башкалар өздөрүнүн түпкү атасы кыргыздын небереси Намраттан тарагандыгын баяндашат. Бул информацияга жана башка кабарларга таянып ичкиликтердин генеалогиялык таблицасын төмөндөгүдөй берүүгө болот. Ушул эле булактар боюнча ичкиликтер Кашкардан Ферганага жоокерчилик доорунда келишкен. Ичкилик деп алар ушул жерден атала башташкан. Ават, Тейит, Оргу жана башкалар быякта алардан мурун эле жашашкандай. Бирок «Маджму ат-Таварих» теги кыргыздар Анжиян, Наманган тоолоруна Румиядан келген. Кыргыздар Румиялыктар (Материалы по истории Киргизов и Киргизии. М., 1959, С.) деген, ошондой эле Үсөн Ажынын «Кыргыз санжырасы» деген эмгегинде кыргыздардын Букара, Талас, Каратегин орто кылымда эле болгонун божомолдогон В.В.Бартольддун пикири менен макул болот, «араптын тарыхчысы Утбынын (1050-жылы дүйнөдөн кайткан) чыгармасында, араптар менен жергиликтүү калктардын ортосунда көптөгөн кандуу согуштар болгондугун, бул согушка катышкандардын ичинде, көзу кичине, ээги кууш, чокчо сакал кишилер айрыкча баатырдык көрсөткөндүгү сүрөттөлөт. Мамандар (окумуштуулар С.А.) кебете түспөлүнө карап, бул баатырдык көрсөткөн элди кыргыздар деп бекинтишет» (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 80-бет.), деп көрсөтөт. Андан ары бизге белгисиз тарых булагына таянып «Тарыхый эстеликтерге негизделген Чынгыз Хан 1220-жылы Букараны басып алганда, ал жердеги кыргыздардын төрөлөрү Орус, (Ороз), Энал, Мамок, Тайбога дегендер Чынгыз Ханга багынгандыгын билдирип өзүлөрүнүн ордун сактап калган» (Ошондо.),- деп жазат. Буга кыргыздардын кара кытайлар менен болгон согушка (1127-ж.) катышкандыгын эске алсак (ал «Маджму ат-Таварихта» берилген) кыргыздар 8 кылымдын аягында, өзгөчө 11 - 10 кылымдарда эле Орто Азияда жашашкан. Булар гунндар менен андан кийин кыргыз каганатынын уйгурларды куугунтуктап келген аскерлеринин, түрктөрдүн чабуулу менен келген кыргыздардын өкүлдөрү болушу ыктымал. Алар отурукташып калган ичкиликтер десе болот.
           Гунндардын составында болгон жана христиан эрасынын башталышында мамлекети бар Көк түрктөрдүн кол алдында турган, өзүнчө улуу хандыкка ээ болгон этностун өкүлдөрүнүн «элдердин улуу которулушуна» катышуусун тануу мүмкүн эмес. Кыргыздар байыркы этнос катары ал жүрүштөргө катышкан. Бирок башкы ролду ойношкон эмес. Мына ошол жүрүштүн катышуучуларынын тукумдары Ферганада калып калышы жана батыштан (кабарлар боюнча Румиядан) кайра келиши боло турган окуя. Сан кыргыздын Сырт жана Ич болуп бөлүнүшү дал ошол доорлорго туш келип жүрбөсүн. Ич (ичкилик, ичкелик) кыргыздар Орто Азиянын байыркы тургундарынын бири. Гунндар менен батышка кеткен кыргыздардын, Чыңгыз хандын армиясынын түштүк канаты менен кеткен кыргыздардын Алдыңкы Азиядан Ферганага келишин изилдеген кээ бир америкалык окумуштуулар бар. Алардын ою боюнча кыргыздар азыркы Турциянын чыгыш түштүк Сириянын түндүк райондорунан Иранга, андан Ооганстанга жана Индияга келип, алардын аймагы аркылуу Памирге, Тибет¬ке келип, андан Чыгыш Түркестанга келишкен имиш. Көптөгөн санжыра билгендер, Ичкиликтерди биринчи изилде¬ген И.Минаев өзүнүн «Аму-Дарыянын жогорку агымындагы өлкөлөр тууралу кабар» деген китебинде «Ичкиликтер 20 бөлүктөн турат. Алардын негиздүүлөрү (Минаев И. Сведения об странах по верховьях Аму-Дарьи. СПБ. 1879. С. 200-201.): 1.Кыдыршаа; 2.Канды, 3.Найман; 4.Таит; 5.Кесек; 6.Орго; 7.Дөөлөс; 8.Кара; 9.Тейит; 10.Чал Тейит; 11.Бостон, 12.Кы¬зыл аяк, 13.Кара Саадак деп жазат». И.Минаев изилдөөчүлөрдөн биринчи болуп Ичкиликтердин биригүүсүнө кирген уруктарды толук берет. Анын бул кабары кийинки авторлор үчүн булак катары кызмат өтөгөн. И.Минаев алардын санын болжол менен 12000 - 13000 түтүн, 64000 - 65000 жан деп эсептеген.
           Ичкиликтер жөнүндө жалпы кабарды А.Сыдыков бе¬рет. «Кыргыздардын урууларга бөлүнүшү төмөндөгү түрдө: бүт кыргыз эли, уруулардын дээрлик тобу «Оң», «Сол» деген эки канатка жана башка уруу «Ичкиликке» бөлүнөт (Сыдыков А, Родовое деление кыргыз. Сб. «Белек», Ташкент, 1927, с. 274.). Бул жерде кыргыз автор тарабынан ичкиликтерди «башка» деген терминди колдонгонуна күбө болуп отурабыз.
           Ошол эле, негизинен көчүрмө чыгарма боюнча ички¬ликтер Ош округунун Араван, Куршаб, Ноокат, Ичкилик, Нойгут-Кыпчак, Лейлек, Найман, Жоо-Кесек-Бостон, Жалал-Абад, Чанкент, Аим болуштарында жайланышкан (Ошондо.). Санжырачылардын бир тобу ичкиликтер Ооганстандан, Памирден келишкен дешет. Ичкиликтердин келип чыгышы жана составы жөнүндө Үсөн Ажы «Булардын келип чыгышы кыргыз санжырачыларынын, айтуусунда 40 уруу кыргыз элинин 30 унан сырткылыктар тараса, 10 унан ичкилик тараган» (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 110-бет.),- дейт. Муну көпчүлүк карыялар бекемдейт. Андан ары автор «Кыпчактар негизинен кыпчак, найман, тейит, кесек деп төрт чоң урууга бөлүнүп булардын ичинен да бир нече майда уруулар таралат» (Ошондо.),- деп жазат. Үсөн Ажынын жыйынтыктоосу боюнча ичкиликтер кыпчактан келип чыгат. Ушуга окшош ой жүгүртүүнү А.Чоробаев да айткан. Колдогу материалдар бул вариантты колдобойт. Бирок аны жокко чыгара турган документтер да жокко эсе.
           Байыркы Азия элдеринин тарыхын изилдеген Г.И.Грумм-Гржимайло «Ичкиликтер союзу 13 кылымдан мурда түзүлүшү мумкун эмес»,- деп жазган (Грумм-Гржимайло Г. И. Западная Монголия и Урянхайский край. т. второй, Ленинград. 1926. С. 539.).
           Ичкиликтерди биринчилерден болуп изилдеген Н.Ф.Ситняковский аларды Оң жана Сол деген эки канатка бөлүнөрүн белгилеген (Ситняковский Ы.Ф. Перечисление некоторых родов киргиз.,, ИТО. РГО. т. II, вып. I. Ташкент, 1900. С. 92-110.). 1953-1954-жж. ал кабар такталган. Көптөгөн информаторлордун ою боюнча ичкиликтердин оң канатына: Тейит, Кесек, Жоо кесек, Бостон, Оргу, Дөөлөс урууларын, сол канатына: Найман, Кыпчак, Канды, Нойгут жана Ават урууларын киргизишкен.
           Ичкилик союзунун качан түзүлгөнү жана Оң, Солго качан бөлүнгөнү белгисиз. Бирок мындай күчтүү союзсуз алар коңшу элдердин анекциясына жооп бере алмак эмес. Уруулук союздарды экиге бөлүү Кара-Калпактарда, Түркмөндөрдө кездешет.
           1953 - 1955-жж. Я.Р.Винников тарабынан жыйналган материалдарда Ичкилик кыргыздын небереси катары баяндаган жана мүлдө ичкиликтер Намраттын тукуму деген аңыз бар. Алардын информациясы боюнча ичкилик кыргыздар быякка Балхтан келген. Башкалардын ою боюнча ичкиликтер Кашкардан оошкон.
           Анвар Байтур бул боюнча бир версия берет. «Күндөрдүн биринде Кыргызбай өзүнүн экинчи агасы менен урушуп ага таарынып, өзүнүн бала-чакасын, калкын алып, ма¬лын айдап күн батыш жакка карай сапар алган экен. Ал Теңир Тоого келет... Күндөрдүн биринде Кыргызбайдын элин алыстан келген жоо чаап кетет. Кыргызбай өз элин жоого каршы согушка чакырып, Кыпчак, Найман, Тейит, Кесек деген төрт уулун кошундун ортосуна коет. Булар жоонун ортосун бузуучулар. Бул сап «Ичкилик» деп аталыптыр (Анвар Байтур - көрсөтүлгөн эмгек. 17-18-37-38.). Бул өңдөнгөн кабар китептин эки жеринде берилет. Ортодогу (борбордогу) кошунду Кыргызбай урушка өзү алып кирген имиш.
           Ичкиликтер байыркы кыргыз элинин бай дубалдары. Узак убакыт бөлүнүп жашаганына карабастан улуттук өзүн-өзү таануу сезими өнүккөн. Алардын жаңы пайда болгон уруулар менен болгон байланышы 14 - 15 кылымдарда гана башталган. Ошол себептүү жаңы кыргыздардын көчүнө, жүрүшүнө катышкан эмес. Ушундан улам алар экинчи иреттеги Оң жана Солго кирбей калышкан. Бул тууралуу Үсөн Ажы «түштүк тарапка орундашкан кыргыздарды кырк уулдун 10 уулунан таралган деп, бул он уул ичкилик... деп аталган. «Булар Долон бийдин балдарынын бутагына кирбейт, нараак жактан кошулат» (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 82-бет,) - деп жазган. Бирок ичкиликтерди кыпчак деп кароо жанылыштык. Тескерисинче кыпчактын кыргызды, же Ичкиликтен таратууга да болбойт. Ичкилик аймактык жана уруу аралык бирдик. Ал Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздардын жана аларга кийин кошулган топтордун союзу. Уруулардын конфедерациясы. Букара жана Кокон хандыгынын ортосундагы буфердик аймак. Ичкиликтер Алай, Памир тоолорун өздөштүргөн дыйканчылык менен малчылыкты айкаштырган (сактар, тажиктер менен бирге) кыргыздын түштүк диалектисинде сүйлөгөн чоң этнографиялык топ. Жалпы этностун - кыргыз элинин түзүүчүлөрүнүн бири. «Си-юй-ту-Чжи» боюнча 1759-ж. батыш (ичкиликтердин) кыргыздардын саны 200 миңге жеткен. Кокон хандыгы жоюлгандан кийин орустар Фергананы, Памирди изилдөөгө өткөн. Костенконун кабары боюнча ичкиликтердин саны (1870-ж.) адигинелерден, монгуштардан эки эсе көп. Бул жылы алардын жалпы саны 4370 түтүн экендигин эске алсак, анда ичкиликтер 8000 - 9000 түтүн, же 40 000 - 45 000 жан экенин билебиз.
           Ичкиликтерге: Ават, Бостон, Жоокесек, Кесек, Нойгут, Тейит, Канды (Канглы), Дөөлөс, Найман, Кыпчак, Оргу уруулары кирет. Байыркы кыргыз этносунун өкүлдөрүнө кийин Найман, Кыпчак уруулары кошулган.
           Кыргыздардын ичкилик тобу Кокон, Букара хандыктарынын составында болгондуктан жана Оруснянын букаралыгына кийин өткөндүктөн аларды изилдөө иши да орус окумуштуулары тарабынан башталган. Ошондуктан 19 кылымдын акырында жана 20 кылымдын башталышында алар жөнүндөгу кабарлар А.Ф.Голубевдин, Н.Ф.Ситняковскийдин, А.А.Кушкевичтин, В.П.Наливкиндин, И.Минаевдин статьяларында жана эмгектеринде кездешет (Голубев А. Отрывок из путешествий в Средней Азии. - Зап. «РГО» КН. 3, стр. 114-118; Кушкевич А.А. Сведения о ходжентском уезде. «Зап. РГО», т. IV. вып. СПб., 1871; Ситняковский Н.Ф. Перечисление некоторых родов киргиз, обитающих в восточной части Ферганской области. Изв. Туркестанского отд. РГО, т. II, вып. I. Таш¬кент, 1900; Минаев И. Сведения о странах по верховьям Аму-Дарьи. СПб. С. 198-202.).
           Кытайлар 18 кылымда кыргыздарды батыш жана чыгыш буруттарга бөлгөн. Я.Р.Винников тарабынан ичкилик деген сөздүн этимологиясына кайрылуу бар. Ал боюнча бул жердеги калктар эчки багуучулук менен кесиптенген, ошондуктан - эчкиликтер деп атоодон улам келип чыгыш ыктымал деген божомолу, илимий изилдөөнүн жыйынтыгы эмес экенин айтуу абзел. Бул ой Н.А.Аристовдун «Шейбаниада», «ички» деген уруунун аты бир нече жолу кездешет. Бул балким уруу башчынын ысмынан улам аталган болсо керек» (Аристов Н.А. Опыт выяснения ... С. 435.),- деген. Бирок сөз Н.А.Аристовдо эчки жөнүндө эмес, ички тууралу бара жатканын баса көрсөтүү керек.
           Ичкиликтердин жалпы саны 18 кылымдын акыркы жылдарында 13943 түтүн, же 43772 - 68725 жан болгон (Аристов Н.А. Заметки. ... С. 396.). Мындан кийин ичкиликтерди жалпы изилдеген окумуштуу болбогонуна байланыштуу, алар жөнүндө статистикалык кабар такыр кезикпейт.
           Ичкиликтер илгертеден бир аймакта жашагандыктан, бир диалекте сүйлөшкөндүктөн, башка кыргыздарга ка-раганда ислам динин мурда кабыл алышкандыктан, дыйканчылыкка илгери өтүшкөндүктөн аларда региондук жалпылык пайда болгон. Аларда кан жагынан аралашуу да кылымдарды кучагына алган. Ошол себептүү аларда кыргыз деген ат, баарыдан мурда ичкиликтерди түшүндүрөт. Алардын тажиктер, өзбектер менен болгон байланыштары аркалыктар менен болгонго караганда көбүрөөк. Бул ичкиликтердин заттык жана рухий маданияттарына таасир эткен.
           Бирок, ичкиликтер өздөрүн байыркы нагыз кыргыз, ал эми башкаларды казак-кыргыз, жаңы кыргыз катары эсептешет. Бул өтө кеңири тараган пикир. Ал эми Ферга¬на, Алай, Памир тоолору, өзөндөрү алмустактан бери алардын жери. Эне-Сай, Сибирь жөнүндө сөз да кылыш- пайт.
           Аймактык бирикмеге, дыйканчылыкка мурда өткөндүктөн, үч элдин орток хандыгы болгон (өзбек, тажик, кыр¬гыз) Кокон мамлекетинин составында болуп калгандыктан, жазуу-чийүүгө мурда карым-катнаш болгондуктан ичкиликтерде уруулук санжыра кеңири тараган эмес.

                          КЫПЧАК УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

            (Кыпчак уруусу жөнүндө кабар бергендер: Чортонов Жамгырчы (73 жашта), Ороо айылы Кант району; Мамырбаев Карбос (87 жашта), Ак-Кудук айылы, Кочкор району; Барманов Жунушалы, Теш-Булак айылы, Ат-Башы району; Абдыкалык Чоробаев, Нарын шаары; Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек. 86-бет.; Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 159-бет.)
           Дешт-Кыпчак - Кыпчак талаасы. Дүйнөлүк адабиятта ал белгилүү термин. Кыпчактар жөнүндө адабият өтө көп. Аны жөн эле саноо өтө чоң көлөмдү талап кылат. Аларды негизинен эки топко бөлүүгө болот. Биринчисине түркологиянын негиз салуучусу Абулгазы башында турган изилдөөчүлөр. Булар кыпчактарды байыркы түрк элинин бир уруусу катары карашат. Ал боюнча жыгачтын көңдөйүндө (кобчакта) төрөлгөн балага Өгүз хан Кобчак Кыпчак деген ысмы койгон имиш. Кыпчак Өгүз-Хандын көзөмөлдөөсү менен тарбия алып чоңоюп, ага кызмат өтөгөн делинет андан бүт кыпчактар тараган. Бул көз карашты окумуштуулардын көпчүлүгү колдошот.
           Экинчи топко А.Вамбери (Вамбери А. Путешествие по Средней Азии. 2-е изд. СПБ. 1865. Его же. Очерки быта тюркских народов. Туркест. Отд. РГО, II том, вып. I. Ташкент. 1900. с. 57, 59.) кирет. Ал өзүнүн алгачкы эмгектеринде кыпчактарды өзүнчө эл катары караган. Би¬рок ар тараптуу изилдөөлөрдүн натыйжасында жазылган кийинкн эмгектеринде кыпчактар өзүнчө эл эмес, кыргыздардын бир уруусу катарында, тагыраак айтканда кыргыз-кыпчак кара кыргыздар деп кароо керек (Вамбери А. Очерки Средней Азии. М., 1868, С. 270.), деп жазган. Орус изилдөөчүсү А.Харузиндин (Харузин А. К вопросу о происхождении киргизского народа. В журн. «Этнографическое обозрение». 1895, № 3, 81-82.) ага каршы пикири бүгүнкү күнгө чейин колдоого алынган жок. А.Вамбери дүйнөгө өзүнүн бараандуу эмгектери менен этнограф, тилчи, саякатчы катары белгилүү. Анын үстүнө ал анын оппоненттеринен негизги айырмасы түрк тилин билген жана Орто Азияда, анын ичинен кыпчактардын арасында болгон. Кыргыз санжырачылары О.Сыдыков, Үсөн Ажы аларды кыргыз-кыпчак уруусу катары карашкан. Ал эми кыпчак уруусунун санжырачылары С.Ж.Маметкулов, X.Оморов, А.Баймуратов, А.Марасылов жана башкалар кыпчак Пулаттын уулу Субанкулдун небереси, кыргыздын чебереси. Кыпчактар Ферганага эки тараптан, эки ирет келишкен. Биринчилери Чумач бийдин мезгилинде Кашкардын Итар-Сары, Жол деген жеринен келишкен. Башка информаторлордун ою боюнча кыпчактар илгертеден Кашгардан Сары-Көлгө чейин көчүп жүрүшкөн.
           Ал эми кыпчактардын экинчи тобу монголдордун сүрүүсү мезгилинде келишкен (Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек. ... 164-165-бет.). Кыпчактар байыркы кыргыз уруусунун тукумдары Өзүбек, Казак, Башкырт, Кара-Калпак элдеринде да кездешет. Демек кыргыз - кыпчактар түрк элдеринин жоон тобунун калыптанышына катышкан.
           Орто Азияда, Чыгыш Түркестанда өзгөчө Кыргызстанда Нойгут менен Кыпчактар канатташ жашашат. Бул алардын түбү башка коңшу урууларга караганда жакыныраак экендиги менен түшүндүрүлүшү абзел.

      А. Вамберге жана карыялардын уламышына таянып, кыргызга кыпчактарды киринди калк катары карабастан, узак убакыт Евроазиянын борбордук бөлүгүн ээлеп Дешт-Кыпчактын, Алтын ордонун, негизги калкы, өзүбек, казак, союздарынын активдүү катышуучулары, тосула баштаганда ата журтуна, боордошуна келип кошулган этнос катары кароо дурус. Аттиң тагдырдын жазымы ошол чачыла электе ал жөнүндө эстегенде эмне? Кыргыз-кыпчак аталбай калат беле? Уруулук, феодалдык бытырандылык, окумдардык кырк уруунун далайынын тамырын кырккан.

      «Юань-Шиде» Анжыян тоолору кыпчактардын жери деген кабар менен катар, алардын Кыпчак деген (уруу эмес) жетекчиси Алайдан келген» - делет.

      Бул жерде кыргыздар Анжиян тоолорунун тургундары деген «Маджму ат-Таварихтин» кабары менен шайкеш келип отургандай. Канетсс да бир кезде кыргыз-кыпчак бир маанидеги этноним сыяктанат. Кыпчактардын тарыхы кайгыга жык толгон. Алар бир кезде туулган уясынан учуп чыккандан кийин Борбордук Азиядан тиги Орол дарыясына чейинки талаалардын ээси болгон. Алтын Ордонун кыйрашы менен ыдырап тарай баштаган. Мына ушул учурда алар ага-тууган издеп, топ-топ болуп бөлүнүп кетишкен. Бир бөлүгү Өзбек союзунун составына кирип кытай-кыпчак, өзбек-кыпчак болушту. Талаа кыпчактарынын урууларынын басымдуу көпчүлүгү казак союзуна кирип, анын орто, улуу жүздөрүн түптөштү. Бирок түштүк чыгыш тараптагы кыпчактар өзүлөрүнүн «алма матери»-кыргыздар менен канатташ жашашты. Чыгыш Түркестанда 14 кылымдын ортосунан тартып саясий күч катары чыга баштаган. Н.А.Аристов, анын артынан Я.Р.Винников кыргыз кыпчактарын Ферганага 16 кылымда Шейбананын аскери менен келген деген. Бул өзүбек жана казак элинин составына кирген кыпчактарга гана тиешелүү. Кыргыз-кыпчактар бул учурда Чыгыш Түркестанда турушкан.

      Казак-кыпчактар жөнүндө М. Тынышпаевдин кабарында «890-ж. кыпчактар Уралды кечип өтүштү. 900 - 1200-жж. алар Волга менен Днепрдин ортосунда жашашты. 1237-жылы Батый кыпчактарды талкалады... 15 кылымда кыпчактар Абулхаирдын хандыгынын борборун түзгөн. Абулхаир өлгөндөн кийин кыпчактар үчкө бөлүнуп кетти. Бириичиси Шейбани менен калды, экинчиси казактарга, үчүнчүсү ногойлорго кетишкен. Автор Н.А.Аристовду колдойт. Бирок, кыргыз-кыпчактар Ферганага Чыгыш Түркестан аркылуу келишкендей. Алар жогорудагы кыпчактардан башка кыргыз-кыпчактар. Бирок мамлюктардын, Кырымдын, Волганын жана Орто Азия кыпчактарынын теги бир. Чыгыш Түркестанда алар калмак, цин басып алуучуларына каршы боштондук кыймылын баштаган эркиндикти сүйгөн баатыр уруу катары белгилүү. Булар жөнүндө Үсөн Ажы «15 кылымда Мисирди башкарып туруп дүйнөгө таанылган Катпай‚ Тооманбай‚ 16-кылымдарда чыккан Курманбек, 19-кылымда чыккан Дилде баатыр, Сыдыкбек, жакынкы заманда Таш Коргон көнтөрүшүнө башчылык кылган Мамет Айса, Аким Шерип Аамат, Кожомкелди сыяктуулардын бардыгы зулумга каршы күрөш кылган жоокер баатырлар болуп эсептелет» (Тынышпаев М. Көрсөтүлгөн эмгек. 19-2О-беттер.) деп жазган.

      Өзгөчө кыпчактардын уруу башчысы уйгур, кыргыз союзунун негиздөөчүлөрүнүн бири Өмүр Мырзанын калмактарга каршы көтөрүлүшүн (1727—1744-жж.) жана жеңиштерин айтууга болот. Ал ферганалык кыргыздардын жетекчиси кушчу Кубат бий менен бирдикте калмактардан бошоткон. Анын баатырдык жолу Ак-Суу, Үч-Турпандан Кашкарга чейин жеткен. Чыгыш Түркестанда кожолордун падышачылыгы жарыяланып Өмүр вазир болуп дайындалган? (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек. 111-бет.) Ушул эле китепте Үсөн Ажы мамлюктардын арасынан чыккан кыпчак Катпай, Тооманбайдын кылычтары Каирдин мамлекеттик музейинде сакталып тургандыгын жазат. Ал эми Курманбек, Шырдакбек өз убактарында Кашкардын, Жаркенттин акимдери болушкан. Кокон хандыгында Аталык милдетин аткарган бешиги бирге болсо да кешиги башка, эшиги бирге болсо да энчиси башка Мусулманкул менен Алымкулду айтсак болот. Ушул инсандар кыргыз кыпчактарды аз жерден тукум курут кылып кое жаздабады беле. Аталыгы курусун.

      Чыгыш Туркестанда кыпчактар эң көп. Үсөн Ажынын кабары боюнча Уйгур автономиялык районундагы Кызыл-Суу дарыясынын оң жана сол жээгинде жашаган кыпчактар - Оң кыпчак жана Сол кыпчак болуп экиге бөлүнүшөт. Алар анын төрт оданында жашашат. Саны жагынан Чоң Багыштардан кем эмес. Тарыхый кабарларга караганда кыпчактын мырзалары өкүмдар, канкор келишкен.

      Кыпчактардын кыргыздан бөлүнүшү орто кылымдарда, тиги улуу кандык кулаган мезгилге тиешелүү болгондуктан, санжырачылардын өтө мыктылары гана ал жөнундө кабардайт. Бирок Тагай бий жана алардын балдары кыргыздын атын чакырып, анын көк асабасынын тегерегинде тентиген туугандарын чогултканга чейин кыргыз аты Орто Азияда жомоктордо жашаган. Ошондо да булардын мойну жар бербей, Кокон кандыгына кулдук уруп, кызматын өтөп тегин жашырышкан. Кыргыз экендиктерин кырылуунун алдында турганда эстеп, тобу менен тоолук түп аталарынын тукумдарына келип баш калкалоого аргасыз болушкан. Бири кем дүнүйө. «Башы оорубагандын, башка менен иши жок»‚ - деген ушул. Кыпчактарды эки тамгалуу кыпчак дешкен. Кыргыз-кыпчактын тамгасы () кыпчактын тамгасы (). А.Чоробаевдин айтуусу боюнча 1 алип, 11 кош алип болуп түшүндүрүлөт. Анын ою боюнча бул алип тамгасы менен кыпчактар, саяктар пайдаланышкан (Материалы по землепользованию кочевого киргизского населения... Ошский, Скобелевский и Кокандский уезды... Ташкент, 1915.. 46—66.). Урааны белгисиз.

      1912 - 1913-жж. статистикалык материалдар боюнча кыпчактар Фергана облусунун Скобелев уездинин, Найман болуштугунун, Алай-кыпчак айылдык жамаатында 275 түтүн, 1550 жан, Нойгут-Кыпчак болуштугунда 793 түтүн, 3743 жан жашаган (Ошондо. Пишпекский уезд... С. 68.). Булар «Мусулманкул кайгысынан», «кыпчак кыргынынан» калгандардын тукумдары. Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинин Ашин болушунда 79 түтүн 640 жан жашаган.

      Мындан сырткары Пишпек уездинин Талкан болуштугунда 118 түтүн, 546 жан жашаган (Сыдыков А. Көрсөтүлгөн эмгек. 292—299-беттер.). Кытайдагы кыпчактар 7 урукка, кыргыз—кыпчактар 11 урукка бөлүнөт.

      1926 - 1927-жж. жылдарга карата алардын болжолдуу жайланышы А.Сыдыковдо берилген. Ал боюнча кыпчактар Ош округунун Куршаб, Найман болуштуктарында, Жалал-Абад округунун Жалал-Абад, Аим болуштуктарында турушкан.

      Таблица кыпчактардын санжыраны билбегендери, туп аталарын унутканына күбө. Кыпчактар аябай чачылган. Жыйырманчы кылымда кайра жыйылуу процесси буларды өзүнө камтыган эмес.

      20 кылымдын ортосунда Кант районунун Ороо, Чоң- Далы, Аламүдүн районунун Чоң-Арык, Воронцовка, Дөң-Арык, Ысык-Ата районунун Ак-Сай, Кемин районунун Бейшеке айылдарында, Ак-Талаа районунун Ак-Кулун, Кызыл-Эмгек, Терек, Ат-Башы районунун Төш-Булак айылдарында, Баткен районунун Зар-Таш, Карабак, Булак-Башы, Баткен, Боз-Адыр‚ Кара-Булак, Москва, Кызыл-Жол, Кызыл-Бел, Базар-Башы айылдарында, Сузак районунун Жийде, Чокатдөбө, Бегабад айылдарында, Базар-Коргон районунун Карача, Бешикжол, Чоң-Курулуш айылдарында, мындан башка Чаткал, Алай жана башка райондорунда башкалар менен аралаш жашашат. Кыпчактар кыргыз элинин, улутунун калыптанышына катышты.

                          НАЙМАН УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)
      (Найман уруусу жөнүндө эмгектер: Минаев И. Сведения о странах по верховьям Аму-Дарьи. СПБ. 1879, С. 198-202; Аристов Н.А. Опыт выяснения. Ж. «Живая старина» 1894. СПБ, вып. 3 - 4; Ситняковский Н.Ф. Перечисление некоторых родов Киргиз. Из отд. РГО, т. 11, вып. 1. С. 57-59; Кушкевич А. А. Сведения о ходженском уезде. «Зап. РГО» Т. 4. 1871 г.; Костенко Л. Ф. «Военный сборник». 1877.)

      Окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү Наймандар чыгыш жана батыш Тянь-Шанга 13 кылымда, ал эми Ферганага 16 кылымда Шейбана хандын аскери менен келди деген көз карашты жакташат. Мисалы Н.А.Аристов «Наймандар, кыпчактар жана кытайлар кыргыздарга кийин кошулгандар», же болбосо «Кыпчактар жана наймандар Ферганага негизинен 16 кылымда Шейбананын ополчениеси менен келди, бирок наймандардын бир бөлүгү Ферганага 13 кылымда монголдордон качкан Күчүлүктүн наймандары тоолорго бекинсе керек» (Аристов Н. А. Опыт выяснения этнического состава киргиз- казахов. Ж. «Живая Старина». С. 427-433.), - деп жазган. Ушуга байланыштуу эмне үчүн наймандар Фергана, Алай тоо кыркасына качып келип бекинишкен? деген суроо туулат. Ага асыресе, балким бул жерде анын туушкандары болгондур‚ - деген теоретикалык жооп берүүгө болот. Н.А.Аристов. Л.Ф.Костенконун артынан наймандарды ичкилик уруусунун бир уругу катары караган (Костенко Л. Ф. Көрсөтүлгөн эмгек.).

      Ал эми Я.Винников болсо аларды Адигененин бир уругу катары эсептеген. Наймандар байыркы кыргыз этносунун составында болгон. Кийин кыргыз каганаты кыйраганда өзүнчө уруу союзун, мамлекетин түзгөн. Бирок, кыргыз-наймандар, Чынгыз хандын качкан наймандардын насилиби, же андан мурда эле бул жерде жашаган боордош уруулар менен ооп келгендердин насилиби? Бул суроонун бүрөөнө болгон жоопту жогоруда көрсөттүк.

      Наймандар жөнүндөгү информациялардын бирин М.Тынышпаев берет. Ал боюнча наймандар кытай жыл наамаларында 8-кылымдан тартып уруу катары белгилүү. 850-жылы бир жагынан Орхон дарыясынын жогорку агы- мынан Тарым бассейнине чейин, экинчи жагынан Кара Ыртышка чейин жашашкан (Тынышпаев М. Материалы истории киргизского народа. Ташкент, 1925. С. 15.).

      Жебе наймандарды Кара Ыртышка өз жерине кайырса керек (Күчүлүк Алайга качып келгенде Жебе артынан келип Сары Көлдө өлтүрүлгөн), анткени 30 жылдан кийин В.Рубрик жана П.Карвини аларды Тарбагатайда жолуктурушкан. М.Тынышпаев «Алайда калгап наймандар кыргыз элинин катарына кошулду жана ушу күнгө чейин ал жерде жашашат», - деп жазат (Ошондо.). М.Тынышпаев найман уруусунан болгондуктан анын кыскача тарыхын бир жактуу баяндайт. Бирок Алайга наймандар качан келгенин так берген. Тек анын наймандар монголдор менен аралаш жашаган, ошондуктан аларды монгол уруусу десек болот» (Ошондо.), - деген жыйынтыгы ынанарлык эмес. Муну үчүн 850-жылы наймандардын турган жери негиз болсо, анда ал аймакта башкалар да жашагандыгын, алардын баары Кыргыз каганатына баш ийгенин унутууга жарабайт. Тарыхты изилдөөчүлөр так, объективдуу болушу зарыл. Казактардын кээ бир изилдөөчүлөрү өзүлөрүнүн чыгармаларында өз элинин келип чыгышын, анын компоненттерин кароого алганда, монголдук теорияга көбүрөөк жан тартышат. Бул «чынгызиддик» көз караштын бир кезде тамыры терең саясий жактан негизи болгонун, султандык, хандык орун үчүн, чынгыздык тек чечүүчү ролду ойногонун айтуу ашыктык кылбайт. Түрк коомунда торолгон (гундар, уйгурлар, көк түрктөр, кыргыздар) кылымдар бою алардын мамлекеттеринин составына кирип турган урууну монгол уруусу сыяктанат деп бүшүркөө негизи жоктой. Чынгызхан жана анын полководецтеринин наймандарга жасаган мамилеси биздин көз караштын тууралыгына күбө.1625-жылы Абулгази, 172З-жылы калмактар (монголдор) наймандарды кырганын М.Тынышпаев өзү баяндайт. Бул түшүндүрүлгүс кубулуш. Атаны, ага-тууганды тандап албайт. «Уй мурдум сасык деп кесип таштабайт», Жакшы тегин кордобойт», - деген накыл сөз бар.

      Наймандарга өзүн ыйгарган информаторлор өзүлөрүн ичкиликтердин негизги бөлүгү, даана кыргыздар катары баяндашат. Информаторлордун көпчүлүгүндө найман кыргыздан тараган. Жоокерчилик заманда бир тууган уруулар менен ажырашып кетишип, Чынгыз хандын кыргынынан кийин кайра табышкан дешет. Мисалы Фрунзе районунун Ленин колхозунда туруучу Ж.Маметкулов, Х.Оморов жана башкалар кыргыздын небереси Намрат, анын уулу Субанкул, анын уулдары Пулат, Шумат, андан Найман дешет (Винников Я. Көрсөтүлгөн эмгек. 158-601) . Кат тааныбаган карыялардын наймандардын качан көчүп келгенин так көрсөткөнүн угуп тан калбай койбойсун. Эл өзүнүн тарыхын эсине сактаганы ушул да. Согуш жана илимий экспедициянын мүчөсү Л.Ф.Костенконун «Военный Сборник» жана А.Волконскийдин 1894-жылы «Вестник Европы» журналына жарыяланган кабарына караганда 1876-77-жж. Дорот-Коргондон 20 км алыстыктагы капчыгайда 150 түтүн наймандар жашаган.

      1909-1913-жж. статистикалык маалымат боюнча наймандар Сыр-Дарыя облусунун, Олуя-Ата уездинин Бакаир болушунда 200 түтүн, 896 жан, Кара-Буура болушунда 87 түтүн, 743 жан, Анжыян уездинин Чанкент болушунда 4 түтүн 60 жан, Фергана облусунун Найман болушунда 84 түтүн 428 жан шашашкан (Материалы по киргизскому землепользованию, Олуя-Атинский уезд... С. 32-39. То же самое. Анжиянский уезд. С. 146-147, То же самое. Скобелевский уезд. С. 58-59.).

      Найман уруусунун аймактык жайланышын А.Сыдыков баяндаган. Ал боюнча 1926-1927-жж. алар Ош округунун Ичкилик, Лайлек, Найман, Араван болуштуктарында ту- рушкан (Сыдыков А. Көрсөтүлгөн эмгек. 292-297 беттер.). Жыйырманчы кылымдын орто ченинде наймандар Лейлек районунун түндүк чыгышында Андаркан, Арка, Чурбак, Маргун, Муртун, Даргун, Жаңы-Жол‚ Кызыл Байрак айылдарында, Баткен районунун Рават, Самаркандык, Ак-Татыр айылдарында, Фрунзе районунун Ак-Терек, Марказ, Кара-Дөбө, Көл, Кара-Жыгач, Майдан, Маданий курулуш, Майдан Лянгар, Шыгай, Ак-Сай, Кара Кыштак айылдарында, Ноокат районунун Нарай, Найман, Төө-Моюн айылдарында, Алай районунун түштүк бөлүгүндөгү Кулчу, Чак, Арча-Булак, Көк-Булак, Кара-Кабык, Кашка-Суу айылдарында, Сузак районунун Найман айлында жашашкан.

      Жыйырманчы кылымда наймандардын бир тобу Олуя- Атадан Фергана өрөөнүнө оогон. Бул көчтүн качан болгондугу жана себеби белгисиз. Эгерде алар түндүк чыгыш жактан келишсе, эмне себептен кайра топтолуу мезгилинде Алай, Фергана тоолоруна көчүшкөн? Бул фактынын өзү карыялардын Алай, Памир вариантын «Куш учкан уясына келетти» ырастаган жокпу? Бул суроого жоопту алардын өзүнөн күтүш абзел.

                          КЕСЕК УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)
      (Кесек уруусу жөнүндө кабар информаторлор: Мамбеткулов Жоро, Мырзалиев М., Баймуратов Абдырахман, Алиев Иман ж. б. лар Кебек менен Жоокесекти бир атанын тукуму катары карашат. Алардын версиясы боюнча Кесектин адепки мекени Лейлек району, Памир тоолору, Кесек уруусу тууралу жазган адепки авторлор: Кушкевич А.А. Очерки ходжентского уезда. Газ. ПВ, 1872 г. № 11; Сведения о ходжентском уезде. Зап. ИРГО. т. 4. 1871 г.; МинаевИ. Сведения о странах по верховьям Аму-Дарьи. СПб., 1879; Ситняковский Н. В. Перечисление некоторых родов киргиз. Изв. Туркест. Отд. РГО. Ташкент, 1871; Аристов Н.А. Опыт выяснения... С. 427-433.)

      Кесек уруусу Фергананын, Памирдин байыркы тургун- дарынын бири. Бир дагы информатор өзүлөрүнүн быякка кантип келгенин билбейт. Алардын көпчүлүгү бул жерде Ороз хандын заманынан бери жашаганын айтышат. Уруу жетекчилери, бектери жөнүндөгү болмуштар жок.

      М.Тынышпаевдин жазганына караганда Кесек уруусунун адепки өкүлдөрү Жети-Сууга 6-кылымда түрктөр менен кошо келишкен. Алардын байыркы ата теги Чу-Мугундар, Чу-Мугундар Чу суусунун батышында жашашкан. 654-жылы аларды кытайлар жеңип алып ордосун талкалашкан (Тынышпаев М. Материалы и истории Киргиз-казакского народа. Ташкент, 1925. С. 23-25.).

      Кушкевич А.А. илимий адабиятта биринчилерден болуп Ходжент уездинде Кесек уруусу‚13 уруктан турат, жалпы саны 661 түтүн (3305 жан) деп кабардаган. Ал эми 1878-ж. «Военный Сборник» деген китепке Кесек уруусунун өкүлдөрү Кара-Тегин Дарвазда жашаганы көрсөтүлгөн. Аристов Н.А. немец журналына жарыяланган (1894-ж. № 4, 301-303-беттер) Памирдеги жашаган кесектер жөнүндө баяндайт. Бирок аларга Бостон, Кыдыршаа урууларын туура эмес кошот. Н.А.Аристов ошол үстүртөн берилген кабарга таянып, даяр жыйынтык чыгарат. Ага анын «Мүмкүн кесектер быякка Шейбананын өзүбектери менен кошо келгендир» (Аристов Н.А. Опыт выяснения. С. 434.)‚ - деп божомолдойт. Булар жөнүндөгү так информацияны Н.Ситняковский берет. Ал кесек уруусу 14 уруктан тургандыгын. (Кесек, Байкесек, Кара-кесек, Кыдыршаа, Канглы, Чоң кыргыз, Бөру баш, Авай, Ахтачы, Кара-Садык, Чучук, Алашан, Жоо кесек, Бостон) баяндайт (Ситняковский Н. Көрсөтүлгөн эмгек. 57-59-беттер.). Канглы, Бостон, Кыдыршаа кесектердин арасында жашагандыктары белгилүү. Бирок, Жоокесек жөнүндөгү кабар изилдөөчүнү кызыктырбай койбойт. Революцияга чейинки авторлордун көпчүлүгү Жоокесектерди Кесектин бир уругу катары карашат. Ал эми Я.Р.Винников аны өзүнчө уруу катары карайт. Буга байланыштуу бир санжыралык билдирүүнү келтирүү абзел. 1954-жылы Я.Винниковго 78 жаштагы колхозчу Жоро Мамбеткулов мындай деген: «Илгери Кесектин эки ата өткөн бир тууганы Чаначбий Кесек бий менен чырдаша кетип, өзүнүн 40 түтүн туушкандары менен азыркы Фрунзе районунун аймагына көчүп кетет. Бул 1954-жылдан 150 жыл мурда болгон» (Винников Я.Р. Көрсөтүлгөн эмгек, 166-бет.).

      Бул кабар кийин 1964-65-жж.‚ КМУнун студенттеринин санжыралоосу боюнча ырасталган (Талаа дептери 1965-жыл). Ал эми кесектердин бул уругуна Жоокесек ысмы алардын насилдеринин Кокон хандарынан, Бухара Эмирлерине жана жергиликтүү бектерине аскердик кызмат өтөшүп тынымсыз уруштардын, чатактардын үстүндө жүргөндөрү үчүн берилген. Көпчүлүк информаторлор Кесек уруусунун калкынын аздыгын да дал ошону менен түшүндүрүшөт. Кесек уруусунун тагдыры Ат-Башы районундагы, кытайдагы чериктердин тагдырына шайкеш. Эр уулдар аскердик кызмат өтөп, токтобой жүрүп турган уруу аралык, эл аралык согуштарда курман болуу алардын насилдеринин бара-бара азайышына алып келген. Анын үстүнө кесектер түбүнөн жоокер көчмөндөр болуп өзүлөрүнүн түштүк, батыш коңшуларына кол салып турушкан, ошондой эле жер которуштуруу алар үчүн маселе болгон эмес. Бар болгон адабияттарда кесектер жана жоокесектер жөнүндөгү кабарлар ар кыл. Адепки авторлордо бул экөө эки уруу катары берилет. 1913-1914-жж. изилдөөлөрдөн тартып алар бир уруу катарында берилет.

      Кыргыз санжырасынын түптөөгө аракеттенгендердин бири А.Сыдыков эмгегинде бардык кесектерди бириктирип Жоокесек деп берет (Сыдыков А. Көрсөтүлгөн эмгек. 293-295-беттер.). Бирок Кесек уруусунун өкүлдөрү Тоолуу Бадахшанда, Кара-Тегинде, Өзбекстанда жашагандыктан алардын жалпы санын сактоо мумкун эмес. Ошол себептүү асыресе аларды ажыратпай берүү туура деп табылды.

      1912-1913-жж. статистикалык материалдар боюнча кесектер Фергана облусунун Скобелев уездинин Жоокесек-Бостон болушунун № 1, 2, 3, 6, 7 административдик айылдарында 340 түтүн 2357 жан жашаган (Материалы по землепользованию кочевого Киргизского населения... Ферганской области. Ташкент, 1915 г. С. 50-65.). Дүйнө чокуларынын адам жеткис өрөөндөрүн, капчыгайларын мекендеп, жоокерлери араб, акал текин күлүктөрүн минип жоо жоолашып, доо доолашып, дыйкандары дан эгип, малчылары төрт түлүгүн дүбүрөтүп, асмандын тиреги аталган тоолордун кокту-колотунун бирин калтырбай жайлап, кыштап, тоо алпы топозду ылоо, саан катары пайдаланып келген кесектер. Бирок жети атасын толук билбесе да, түп бабасын кыргызды, түп аталары Кесекти, Чанач бийди эч качан унутпаган калк. Белине кемер курчанышпай жоолук менен байланышса да, башына ак калпак эмес ала топту кийишсе да, тагдырдын жазымы менен бир жерде тажикче, бир жерде өзбекче сүйлөшсө да, өзүлөрүн кыргыз, болгондо да даана кыргызбыз деп сыймыктануу менен айтышкан кесектер ушулар. Алар кан төгүлгөн согуштарда. туулуп өскөн жерин коргоп калышкан. Кармаштан качпаган, токсон кырсыктан тозбогон кыргыз атанын эр жүрөк насилдеринин бири.

      Кесек уруусунун составында сары усун, кара усун аттуу эки уруктун болушу, бирок алардын тукумдарынын кайда жашарынын белгисиздиги санжыранын баалуу белеги жана ачыла элек сыры. Эгер бул сыр ачылса анда кесектердин эң байыркы кыргыз урууларынын бири экендиги жөнүндөгү уламыш кашкайган чындыкка айланат эле. Ошондой эле кесектердин чыгыш бир туугандары менен болгон кандаш байланышы калыбына келмек.

      Кесектердин тамгасы () босого, урааны Ала-Тоо.

      Элдик санжыра боюнча Кара Кесек баатыр туугандары менен чырдашып, Ферганадан Таласка көчүп кеткен. Анын бир уулу Аблайхандын аскер башчысы болгон.

      Ошол эле кабарга караганда кесектин Чанач баатыры Коңуратты жигиттери менен асырап алган. Ошол себептүү алардын тамгасы жана урааны бир. Мындай биримдик Нарбото бийге чейин болгон имиш.

      Жыйырманчы кылымдын орто ченинде кесектерге өзүн ыйгаргандар: Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Коргон, Лейлек, Катран, Кирке, Тогуз-Булак, Гурдуй, Исфана, Шор-Булак, Шалдыбалды, Геректи, Дизгон, Динау, Жеңиш, Суу-Башы, Көк-Таш, Андрак айылдарында, Фрунзе районунун Алга, Советский, Чуңкур-Кыштак, Кыргыз Кыштак, Кайтпас, Зар-Таш, Шак-Шак, Таш-Курук, Навали, Бел, Орозбеков айылдарында турушкан. Мындан сырткары анын өкүлдөрү Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кытай элдик республикасында жашашат. Кесектер кыргыз элинин калыптанышына ичкиликтер аркылуу катышты.

                          БОСТОН УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)
      (Бостон уруусу тууралуу кабар берген эмгектер: Кушкевич А.А. Сведения о ходжентском уезде; Ситняковский Н. Перечисление некоторых родов киргиз Ошского уезда. Известия; Туркестанского Отд. РГО. Ташкент. 1900, т. 11. вып. 1, С. 98.; Минаев И. Очерки ходжентского уезда; Аристов Н.А. Опыт выяснения... С. 480-434; Винников Я. Көрсөтүлгөн эмгек. 162-163-беттер.)

      Орус окумуштуулары, аскердик экспедициянын мүчөлөрү Ходжент, Ош уездинин администрациялары 1870-1890-жылдары Ферганада, Памирде жашаган кыргыздарга көнүлдөрүн бура башташат.

      Бирок кытай хроникасынын кабары андан да мурун «Си-Юй-ту-Чжи» боюнча 1759-жылы кытай генералы Бостон уруусу 1300 түтүндөн турган деген. 1879-жылы И.Миняев өзүнүн изилдөөсүндө Бостон уруусун Ичкиликтерге киргизген (Минаев И. Сведения о странах по верховьям Аму-Дарьи. СПБ. 1879 г. С. 200.). Ал эми 1885-ж. капитан Андреев Бостум болуштугунун старчыны Ташыбек экендиги жөнүндөгү кабарды өзүнүн «Орто жүздүн баяны»‚-деген эмгегинде берет. Ал эми Л.Ф.Костенко болсо ичкиликтерди кыргыздардын эң чоң бөлүгү катары баяндайт. Бул булактарга таянып 18 - 19 кылымдарда бостондор ичкилик бирикмесинде жетекчилик ролду ойноо керек деген ой туулат. Анткени улуттун аты, ошондой эле алардын бийинин ысмы «Си-Юй-ту-Чжиде» бир нече ирет жолугат. Болжолу бара-бара ичкилик союзундагы жетекчилик башка урууга өтүп кеткендей. Бостондор үчүн чоң саясий‚согуштук кырсык болгон сыяктуу. Анткени 1900-жылы жазылган Ситняковскийдин макаласында жана ичкиликтердин уруулук таблицасында бостондордун аты жок. Кыска мөөнөттүн ичинде алардын коңшу урууларга кошулуп кетиши азырынча табышмак. Алардын майда топторго бөлүнүп, бытырап кетиши же атынын такыр өчүшү уруулук түзүлүштүн калдыктары сакталган, патриархалдык феодалдык коомдо катардагы окуя болгон. Бул бир уруунун экинчи уруудан жеңилиши, же чоң уруу кичине урууну «асырап алышы» менен ишке ашырылган.

      Бостон уруусу байыркы кыргыз этносунун бир бөлүгү. Алардын өкүлдөрү санжыраны начар билишет. Оболку дыйкандар катары аларда уруулук түзүлүштүн көпчүлүк адаттары өзүнүн күчүн жоготкон. Анын ордуна элдик, улуттук өзүн-өзү таануу өнүккөн.

      1926-1927-жж. алардын аймактык жайланышын А.Сыдыков берген. Алар Ош округунун Жоо-Кесек-Бостон болушунда, Куршаб болушунда турушкан (Сыдыков А. Көрсөтүлгөн эмгек. 292-бет.).

      Бостондордун санжырасын биринчи жолу толук беүүгө Я.Винников аракет жасаган. Бирок информаторлордун берген кабарлары өтө жарды болгондуктан Ичкилик бирикмесине кирген башка уруулар сыяктуу эле алар жөнүндө ооз эки тарых да өтө кедей. Бирок бул мыйзам ченемдүү нерсе. Анткени жер иштетүүгө эрте өткөн, дыйкан элдер менен канатташ жашаган, ошондой эле орток мамлекет болгон хандыктардын составына киргендерде уруулук аң-сезим жоголуп, ал улуттук аң-сезим менен алмашкан.

                          ТЕЙИТ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)
      (Тейит уруусу жөнундө жазылган оболку эмгектер: КушкевичА.А. Сведения о ходжентском уезде. «Зап. РГО», т. 4, 1871; Кушкевич А.А. Очерки ходжентского уезда. Газ. ТВ 1872. г. № 11; Минаев И. Сведения о странах по верховьям Аму-Дарьи. Спб. 1879. С. 1908, 202; Ситняковский Н.В. Перечисление некоторых родов Киргизии. Изв. Туркест. Отд. РГО. т. 4. Ташкент, 1871; Аристов Н. Опыт выяснения этнического состава... С. 427, 483.)

      Тейит Байыркы кыргыз элинин бир уруусу. Орто Азияга качан келгени жөнүндө так кабар аз. Жергиликтүү авторлордон бул суроого жооп берүүгө М.Тынышпаев аракеттенген. М.Тынышпаевдин кабары боюнча алардын түпкү дүмүрү 6 кылымда түрктөр менен Орто Азияга келген. Чумугундар (Чумакей) менен тыгыз байланышат. Алар батыш түрк каганатынын ядросун түзгөн имиш. Кытайлардын, карлуктардын соккусу астында алар чачырап, бир бөлүгү Кашгарга, бир бөлүгү батышка кетишкен. Дал ошолордун насилдери Доит-Тейиттер, Кара-Кесектер болушу божомолдонот. Бул кабарда Тейит (арабдарда Тайит) байыркы түрктөрдүн бир уруусу катары, ал гана түгүл кара тейиттердин казактардагы бир уругунун байыркы урааны Доут-Тейит экендиги баяндалат.

      Ооз эки санжырада Чүй баатыр тууралуу баян бар. Анда ал элин кытайлардан коргогон тең эмес урушта курман болгон инсан катары көрсөтүлөт (Талаа дептери (1967-жыл). Бирок, алар Алай, Памир тоолорунда монголдордон мурда жашаган, ал эми биз 11-12 кылымдарда түзгө түшкөнбүз. Ферганада Ороз хандын заманынан бери жашайбыз (Тынышпаев М. Материалы к истории киргиз-казакского народа.Ташкент, 1925. С. 23-25.). Кыргыз Ороз хан Чынгыз хандын аскери Самарканды алганда, өзү келип багынып берип ордун сактап калган деген кабарды Үсөн Ажы араб булактарына таянып жазат (Үсөн Ажы. Көрсөтүлгөн эмгек.).

      Тейиттер жөнүндөгү биринчи кабарды А.А.Кушкевич (1872-жылы «Туркестанские ведомости» № 11) жарыяла- ган. Анда Каратегинде Тейит уруусу жашаганын көрсөтөт. И.Минаев 1879-жылы ичкиликтер 20 уруудан турат. Ага Тейит, Кара-Тейит, Чал-Тейит кирет» деп жазат. Ал эми Н.А.Аристов болсо Свен Хединге таянып, «Памирде, Алайда, Кара-Тегинде, Тейит уруусунун өкүлдөрү (Кара-Тейит, Тейит) 543 түтүндү, 2715 жанды түзөт», -деп жазган. Баарынан так жана толук кабарды Н.Ситняковский берет. Анын «Ош уездиндеги кыргыз уруулары» деген макаласында жана таблицасында «Тейит уруусу 12 уруктан турат. (Кара-Тейит, Сары-Тейит, Чал-Тейит, Бай-Тейит, Арык-Тейит, Чок-Тейит, Уйгур-Тейит, Жаман-Тейит, Чапан-Тейит, Айтемир-Тейит, Токум (Тукум)-Тейит, Чыгырчак-Тейит)» деп жазган.

      Ооз эки тарыхта тейиттер өзүлөрүн нагыз кыргыз катары эсептешет. Алардын арасында Эне-Сай, Алтай тарап жөнүкдө болмуш жок. Тескерисинче алардын эски журтуна Искендер Зулкарнайн, Кир (Карь) келгени жөнүндө учкай кабарлар бар. Ал гана тургай Тайит арабдар менен салгылашкан, алардын кол башчылары менен кыз алышып, кыз беришкени жөнүндөгү аңыз айтылган. Бирок, ал алардын түп атасы Тейиттин, же арабдын кол башчысы Таятпы (Тайит) аны ажырата алышпайт. Ондогон информаторлор Тейит Кыргызбайдын баласы дешкен. Аларда Кыргыз-Тейт, Тейит-кыргыз бир түшүнүк. Бирок бул информацияны санжыра аркылуу далилдеше алышпайт. 1913-1914жж. статистикалык материалдарга караганда тейиттер Скобелев уездинин Ичкилик болушунун № 1, 2, 3 айылдарында 167 түтүн, 758 жан, Найман болушунун № 1, 2, З, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16‚ 17, 18, 19 айылдарында 416 түтүн, 2297 жан турушкан (Материалы по землепользованию... Ташкент, 1915. С. 144-150.). 1924-1926-жж. райондоштуруу боюнча комиссиянын жана А.Сыдыков тарабынан жарыяланган материалдарга караганда тейиттер Ноокат болушунда Нойгут-Кыпчак болушунда, Ичкилик болушунда, Найман болушунда жашашкан (Сыдыков А. Көрсөтүлгөн эмгек. 295-297-беттер.).

      Кыстара кете турган жагдай 80-9О-жылдын ичинде тейиттердин өзгөрүүгө учурагандыгы. 1953-1955-жж. изилдөөлөрдө Чоң-Тейит, Чыгырчак-Тейит катталган эмес. Жыйырманчы кылымдын 50-жылдарында өзүлөрүн Тейит уруусуна ыйгаргандар Лейлек районунун Булак-Башы, Кайрагач биринчи, Кайрагач экинчи, Кольцо, Кулунду айылдарында, Баткен районунун Сары-Талаа, Кульп айылдарында, Фрунзе районунун Майдан, Караганды, Шибе, Лянгар, Теңизбай айылдарында, Алай районунун Көк-Булак, Кургак, Талды-Суу, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Кабык, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек, Чак, Кулчу, Жекенди, Карамык, Шибээ, Кара Тейит айылдарында, Ноокат районунун Апшир-Сай өрөөнүндө, Сузак районунун Ак-Мечет айылында, Ысык-Көл облусунун Ак-Терек, Жеңиш айылдарында жайлашкан. Тейиттер кыргыз этносунун калыптанышына катышты. Алар өздөрүн даана кыргызбыз деп эсептешет. Булардын өкүлдөрү Кытайда, Тажикстанда жана Ооганстанда да жашашат.

                          ДӨӨЛӨС УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)
      (Дөөлөс уруусу жөнүндө кабар берген информаторлор: Тойчубаев Абылай (62 жашта), Кыдыралиев Султан (70 жашта); Ак-Өстөн айылы, Жети-Өгүз району; Чүй району, Дөң-Арык айылы, Мамырбаев Карбос; Кочкор району, Ак-Кудук айылы, Барманов Жунушалы (64 жашта); Чоң-Алыш айылы, Кочкор району, Ситняковский Н. Перечисление некоторых родов Киргиз. Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек, 83-84-беттер. Винников Я. Р. Көрсөтүлгөн эмгек. 74-бет.)

      Кытайдагы кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур кытай булактарына таянып, байыркы Дий уруулар союзунан бөлүнүп чыккан түрк урууларынын күчтүү конфедерациясы (кытайча тий-еле), төөлөс (Орхон Эне-Сай жазууларында). Дөөлөс 9 райондон 40 уруудан тургандыгын билдирет (Анвар Байтур. Кыргыз тарыхынын лекциялары. Кызыл-Суу, 75- бет. (Кытайча Төөлөс шежереси).

      Булактар аны Төөлөс-Канглы деп аташкан. Болжол менен ал кызыл түрктөрдүн тукуму. Алардын пири Көк бөрү. Ал бирикменин ичинде кыргыздар жана башкалар болуп алардын 20 миң туруктуу аскери болгон. Андан ары А.Байтур төмөнкүдөй жыйынтыкка келет: «Демек, жогорку материалдарга негиздегенде Төөлөс уруу бирикмеси саясий жактан ар кайсы урууларды негиз кылган аскер демократиялык бирикме болуп эсептелет. Мындайча айтканда уруш болгон кездерде, ар бир уруу аскер чыгарып жоого каршы орток согушка катышкан. Уруш токтогондо, ар бир уруу өз аксакалынын жетекчилигинде, өз тиричилигин кылышкан» (Анвар Байтур. Кыргыз тарыхынын лекциялары. Кызыл-Суу, 7-бет. (Кытайча Төөлөс шежереси). Бул жаңы эранын 3-4 кылымында болгон.

      Бул союз ыдырап тарап, анын ордуна Эне-Сайлык кыргыздардын күчтүү мамлекети түзүлөт (5-6-кылым). Дал ушул мезгилде кыргыздардын урууларынын ичинде Канглы (Дөөлөс) анын аты аталат. Эгерде Дөөлөс бирикмесине кирген уруулардын тили, дини жана маданияты окшош болсо, анда кыргыз мамлекети түзүлгөндө анын составында дөөлөстүн (канглынын) болушу мыйзам ченемдүү нерсе. Бир уруунун аты өчүп, экинчиси күчөп турган кезде (көк түрк каганаты), Сыр-Тардуш тайпасынын жетекчиси Дөөлөстөр 630-жылы чыгыш түрк каганатынын ордун ээлеген (Ошондо, 105-бет.). Бул жолу да кыргыздар алардын составында болгон (уйгурлар сыяктуу эле). Бирок ал 16 жылга гана созулган. Сыр-Тардуш каганаты 647-жылы Тан империясы тарабынан кулаган. Ошондон тартып Дөөлөстөр кыргыз каганатынын бир бөлүгү болуп калат. Мындан кийин Дөөлөстөр тууралу кабар кытай булактарында болбой калат. Мына ошентип бир кезде кыргыздар менен тең тайлашып, аз убакытка үстөмдүк кылган уруу. Бирок алардын насилдери алтайлыктардын жана кыргыздардын составына кошулду. Мына ошентип дөөлөстөр байыркы түрк урууларынын көрүнүктүүлөрүнүн бири. Катуу согуштардан кийин өзү сан жагынан азайып, акыры байыркы кыргыз каганатынын чоң урууларынын бай дубалынын бири болуп калган. Бирок ички иштерин өздөрүнүн аксакалдары тейлеген. Алардын бир бөлүгү кийин алтайлыктар, тувалыктарда калган жана ал элдердин калыптануусуна катышкан. Дөөлөс уруусу тынымсыз согуштарды башынан өткөргөн, согушчан этнос болгон. Ал алардын келечегине, этнос катары кайра жаралышына тоскоолдук кылган. Акыры чилдей таран кыргыз кагандарына, бийлерине, манаптарына келип баш калкалап, бирок сиңип кетүүдөн аман калышкан.

      Дөөлөстөр жөнүндөгү орус окумуштууларынын ой пикирлери жогорудагыларды кайталайт. Алардын өтө байыркы жана азыркы кыргыздарды бириктирген, алардын жалпылыгын далилдеген мисалы катары кароодо турат. Бул туура ой. Дөөлөстөрдүн тарыхый тагдыры наймандарга жана кыпчактарга окшош. Айырмасы дөөлөстөр тарыхка эрте келип, эрте тарап кетишкен. Ал эми наймандар менен кыпчактар кийин келип кийин чачырашкан. Бирок, баары бир ар кандай жол менен бабасын табышкан. Жогорудагы келтирилген фактылар дөөлөстөр кытай жыл наамасына түшкөнүнө эки миң жылдай мөөнөт өткөн. Ошол себептүү Дөөлөстү тарыхый инсан катары карап андан урууну таратуу мумкун эмес. Кытай кабарлары аны четке кагат. Алардын батышка карай болгон жылышы түрктөр, кыргыздар менен бирге болгондой. Кандай болсо да алар өзүлөрүнүн байыркы уруулук атын сактап калышкан. Тек сан кыргыздын арасында кала беришкен.

      Ысык-Көлдүк дөөлөстөрдүн бир нечеси быякка кыргыздар Оң Солго бөлүнгөн мезгилде келгенбиз десе, башка бирөөлөрү алардын бу жердеги түпкү атасы оң менен солдун атасы болгон дешет. Кыскасы кыргыздыгына шек санашпайт. Тескерисинче анын түпкү бабаларынын бири катары карашат. 50-жылдардагы кабар берген информаторлордун бир тобу дөөлөстөрдү кыргыздан бөлөк түрк уруусу катары карашкан (Абрамзон С.М. Көрсөтүлгөн эмгек. 84-бет.). Бул үчүн жазма булактарда да негиз бар экенин биз жогоруда баяндадык. Бирок, дөөлөстөр күчөп турган мезгилде ат салышып бийликти, биринчиликти талашып, тоскон кезде кыргыздарга кайрылганы изилдөөчүлөрдүн көңүлун бурбай койбойт. «Кардың ачса карындаш изде», «Тууң жыгылса тууган изде» болуп жүрбөсүн. Христиандык жыл сүрүүнүн башталыш кылымдарында түрк урууларынын күчтүүсү Дөөлөс болуп, анын кол алдында кыска мөөнөттө кыргыз уруулары болгон, ал Дөөлөстөрдүн кыргыз эмес экендигине күбө боло албайт. Ошол мезгилден 19 кылымдын аягына чейин кыргыздардын жетекчи уруулары канча жолу алмашканын, канчалары кыргыздан бөлүнүп башка жакка кеткенин, кийин суу кечип, бел ашып, сапар тартып кайра кыргызга кошулуп «жаңы тууган» аталганын эске алсак, абалды туура түшүнүүгө болот. Ал эми батышка «улуу жүрүш» менен кеткендердин кайра келиши, же аякта калып калышы өзүнүн этникалык жүзүн жоготушу да ошол «бөлүнүү», «биригуу» процесси менен тыгыз байланыштуу. Жоокерчилик заманында бөлүнүү көбүрөөк, феодализмде азыраак болгон.

      Бул кубулуш этносту көлөкөдөй ээрчип жүргөн. Мунун өзү анын жашоосундагы мыйзам ченемдүү нерсе. Ал улуу Гегелдин диалектикасы. Орто Азияда, Чыгыш Түркестанда дөөлөстөр коомдук саясий турмушта жетекчи ролду ойношкон эмес. Ысык-Көлдө Бугу уруусунун, Ферганада Кыпчак, Адигине урууларынын көсөмдөрүнүн кол астында болушкан. Бирок кириндинин абалында да турушпаган, тек бир айыл, бир урук катары жашаган. «Дөөлөс төрүн бербейт, өлсө көрүн бербейт» - деген ылакап аны бекемдеп тургандай.

      Алардын аймактык жайланышы тууралу кабарды А.Сыдыков баяндайт. 1926-1927-жж. алардын өкүлдөрү Жалал-Абад округунун Аим болушунда, Ош округунун Найман болушунда турушкан (Сыдыков А. Көрсөтүлгөн эмгек. 292-295-беттер.).

      Букаралык абалына карабастан алар уруулук тамгасы Ай тамга, () кош тамга сактап калышкан.

      Дөөлөстөр жөнүндөгү статистикалык материалдар өтө аз. 1913-1914-жж. Жети-Суу облусунун Пржевальский уездинин Эсенгул болушунда 61 түтүн, 196 жан, Фергана облусунун Анжыян уездинин, Өзгөн болушунда 144 түтүн 923 жан (Материалы по обследованию туземного и русского старожильческого хозяйства. Пржевальский уезд. С. 192. Материалы по Киргизскому землепользованию. Анжиянский уезде. С. 57.) жашашкан. Ал эми алардын негизги жана туташ жашагандары Наймандар жана Оргулар менен чогуу катталып калган (Ноокаттык дөөлөстөр).

      Ош облусунун аймагында алардын кайра топтолушу отурукташуу жана колхоздоштуруу мезгилине туш келет. Жыйырманчы кылымдын ортосунда өзүлөрүн дөөлөскө ыйгарышкандар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Борбаш айылында, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик, Жалгыз Өрүк, Чоң-Кызыл-Суу, Шалбаа, Покровка айылдарында, Ош облусунун Ноокат районунун Тельман, Додон, Ай-Тамга, Хаус, Сары-Таш, Жеке айылдарында туташ; ал эми Эски Ноокат, Жаңы Ноокат, Кара-Таш айылдарында кандылар менен аралаш жашашат. Дөөлөстөр мындан сырткары Өзгөн районунун Кош-Терек айылында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таштак, Кызыл-Аяк айылдарында турушат.

      Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата, Барат айылдарында, Кант районунун Жедигер айылында, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Коюн, Кызыл-Туу айылдарында жашашат. Кичине топ менен республиканын элдүү пункттарында башка уруулар менен аралаш турушат.

      Дөөлөс уруусунун өкүлдөрү Чыгыш Түркестандын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык районунун Улуу-Чат, Ак-Суу одандарында жашашат.

                          КАНДЫ (КАНГЛЫ, КАНКЛЫ) УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)
      (Канклы уруусу жөнүндөгү эмгектер: Рашид-Един. История Монголов, Введение... С. 5-100; Абул-Гази. Түрк шежереси. 10-12-бет; Аристов Н.А. Опыт выяснения... С. 427-437; Костенко Л.В. Военный сборник. С. ПБ. 1877; Грумм-Гржимайло Г.Е. Западная Монголия и Урянхайский край. Л., 1926 г.С. 538-540; Минаев Н. Очерки ходжентского уезда Газ. «ТВ», 1872 г. № 1; Он же. Сведения о странах по верховьям Аму-Дарьи, СПБ. С 188-202; Ситняковский Н. Киргизских родов Ошското уезда. Известия ТО РГО. т. 11, вып. 1; С. 57-59. Кушкевич А.А. Сведения о ходжентском. уезде. Зап. ИРГО. т. 4. 1871 г)

      Бул уруу жөнүндөгү кабарды кытай булактарына таянган Анвар Байтурдан алабыз. Бирок кытайдын Бий, Сүй жыл наамаларында жана башкаларда Жаңы Эранын 3 кылымында түзүлгөн Төөлөс (Канклы) аттуу ири уруу бирикмеси жөнундө сөз болот. Ал бирикмеге 9 район, 40 тан ашуун уруулардын наамы жазылган (Анвар Байтур. Көрсөтулгөн эмгек. 75бет).

      Ал эми Мухаммед Абулгазы болсо Өгүз хандын татарларды жеңгенден кийин көп олжо алды. Бул кезде жакшы бир билимдүү адам бар эле. Бул ойлоп отуруп бир араба жасады. Башкалар муну көрүп араба жасоого киришти. Алар олжого түшкөн мал дүйнөсүн ушул арабаларга жүктөшүп кайтышты. Бул арабага «Каңк»,- деп ат койду... муну «каңк» ден атоонун себеби, бул арабалардан жол жүргөндө «каңк-каңк», - деген добуш чыга турган. Ошого байланыштуу бул арабаны жасаган адамдарга «Каңкы», «Канглы»‚- деп ат койду. Кийинче канкылар да ушул адамдардын балдары болуп эсептелет» (Ошондо. 11-12-беттер.).

      Шаакарим Кудайберди-уулунун кабары боюнча «Биздин эрадан 130-жыл мурун батыш түрктөрдү кытай саякатчысы Чжан Цан жолдо жолуктурган. Кытай жылиаамачыларынын кабарларына караганда Канды (Канглы) уруусу жүз жыйырма миң түтүндөн турган». Чыңгыз хандын чабуулунда кандылардын ханы Каби 50 миң аскер менен Румду алды. Андан бир топ жыл өткөндөн кийин, анын уулу Сулайман элине кайтат, Чаламбай Куни мамлекетин камап жатканда Сулаймандын уулу Тогрул Кунинин ханы Алла-идинге жардам берет. Эрдик көрсөтөт. Аны үчүн аны жогорку командачы кылат. Тогрулдун уулу Осмон, ал Осмон империясын түзгөн (Шаакерим Кудайберды уулу. Көрсөтүлгөн эмгектин 105-106 беттери.).

      Адепки эмгектерде Канды, Дөөлөс, Кыпчак уруулары аралашып‚ чаташтырылып берилет. Бу сыяктуу карама-каршы пикирлерге Абул-Гази түшүндүрмө берүүгө аракет жасаган. Ал «Кадимки кыргыздар аз калды. Азыр алардын атынан аларга мурда кирген ар кандай уруулар өз атын атап жүрүшөт», - деп жазган. Эгерде бул Абул-Газинин заманында болгон окуя болсо, андан мурункулардан кыргыздар кирген уруулук союздардын, же тескерисинче кыргыздарга кирген уруулардын аттарын адаштырбай берүүнү талап кылуу кыйын. Бул өзгөчө кытай хроникаларына тиешелүү. Ага таянтан А.Байтур да Канклы (Дөөлөс), Дөөлөс (Канклы) деп жазат. Анын үстүнө Н.А.Аристов туура көрсөткөндөй «Тигил же бул союзда кыргыз көппү же түрк көппү айтуу кыйын». Кеп кайсы уруу союзга жетекчилик кылат мына ошондо. Ошонун атынан союз аталат. Башкалар жөнүндө болжолдуу гана кабар алууга болот. А дегенде Канклы (Дөөлөс) - союзунда, анын кыргыз союзунда 40 уруунун болушу буга үндөш. Мында аларды тили, дини, маданияты окшош, аймактары коңшу экенин белгилеп кетүү керек.

      Кызык кабарды М.Тынышпаев берет: «Кандылар түрк уруусу экени сөзсүз. 6-кылымда кандылардын төрт дөңгөлөктүү арабасы болгон. 10-кылымда алардын арасынан Селжук деген адам, Селжук империясынын негиздөөчүсү чыккан. Селжуктар 12-кылымдын экинчи жарымында 13- кылымдын биринчи жарымында Сыр-Дарыянын жогорку агымынан Кичине Азияга чейин башкарышкан... 12-кылымда Кандылардын Чүй дарыясынын жээгинде жашаганы эскерилет... 10-кылымда Маверенахрдын калкынын негизги массасын канлылар түзгөн, ошондон тартып ал Түркестан деп аталат. Хорезмшахтардын мезгилинде (Өзгөчө Мухаммед Хорезм Шах) Түркестандагы кандылар гегомониялык кылышкан. Мухамед Хорезмшахтын энеси Түркен - Хатун канлы кызы болгон. Тимурдун мезгилинде алар Сыр-Дарыя менен Таластын ортосунда жашашкан... Эр жүрөк Эшим канлылар менен катагандарды Ташкенде талкалагандан кийин алар батышка качышкан». (Тынышпаев М. Материалы истории Киргиз—Казакского народа. Ташкент.. 1925 г. С. 6-7). Бул 1628-1629-жж. М.Тынышпаев кандыларды казак элинин бир компоненти катары кароо менен алардын басып өткөн жолун башкаларга караганда толугураак берет.

      Үстүртөн болгон кабар А.Сыдыковдун макаласында бар. Ал боюнча кандылар Жалал-Абад округунун Чанкент, Жоо-Кесек, Бостон, болуштарында Ош округунун Лейлек, Ичкилик, Найман, Ноокат, Кашгар-Кышлак, Араван болуштуктарында турушкан (Сыдыков А. Көрсөтүлгөн эмгек. 292-297-беттер.).

      14-кылымдан кийин Алтын Ордо, Монголстан кулагандан кийин, кандылар өзбек союзуна, анан казак союзуна кошулган. Грумм-Гржимайлонун пикири боюнча кандылар ичкиликтердин составына 13 кылымдан мурда кириши мүмкүн эмес (Грумм-Гржимайло Г.Е. Көрсөтүлгөн эмгек. 539-бет.). Бул көз караштын түпкү идеясы монголдордун жүрүшү, Найман мамлекетинин кыйрашы менен тыгыз байланышып турганы айдан ачык. Мунун өзү 13 кылымда Кандлы кошулган кыргыздардын Орто Азияда жашагандыгын моюнга алуу жана андан мурда болушуна күнөм саноо дегендикке жатат. Андай болгондо канглылардын байыркы кыргыздардын составында болушун кандай түшүнсө болот? Кыргыздар менен канкылардын он үч кылымда эки ирет биригиши кокусунан болсо керек. Бул окуя түрк кыргыз этносторунун карым-катнашынын ачык далили. Күрү дегенде жалпы кандаштык мыйзамы, тартылуу күчү аракетке келгени көрүнүп турат. Ошентип, Кандылар (Канклылар) байыркы кыргыз этносуна жана жаңы кыргыз этносунун калыптанышына катышкан. Экинчи жолу кыргыз элинин түзүлүшүнө жана өсүшүнө түздөн түз эмес «Ичкилик» бирикмеси аркылуу катышкан.

      Казак санжырачысы Шаакерим Кудайберди-уулу өзүнүн «Түрктөрдүн, кыргыздардын, казактардын жана хандардын династиясынын санжырасы»‚ - деген китебинде. «Алар күчтүү жана данктуу уруу болушкан. Стамбулдагы Осмон түрктөрү кандылардын тукуму. Бул уруунун насилдери башка түрк элдеринде да жолугат» (Шаакерим Кудайберди уулу. Родословия... С. 70.) - деп жазган.

      1897-жылы эл каттоодо жана 1909-1914-жж. көчүрүү боюнча комиссия тарабынан Канды (Канглы) уруусунун өкүлдөрү катталган эмес. Алардын ичкиликтердин арасында биринчи жолу жыйырманчы кылымдын 50-жылдарында табылган. Болжолу алардын өзүн-өзү таануусу ойгонсо керек. Кандылар мурда өзүлөрүн Дөөлөстөргө же Кесектерге ыйгарып коюшчу. Анын өкүлдөрү санжыраны жакшы билишпейт. Бирок өзүлөрүн кыргыз дешет. Көпчүлүгү башка атоону билишпейт жана каалашпайт. Канды уруусуна өзүн ыйгаргандар Ош облусунун Лейлек районунун Өзгөрүш, Жаңы-Турмуш, Катыраң айылдарында, Фрунзе районунда Алга, Халмион, Жаңы-Айыл, Фрунзенский, Орозбеков айылдарында, Ноокат районунун Эски-Ноокат, Жаңы-Ноокат, Борбаш, Жийде‚ Көк-Жар, Кара-Най айылдарында жашашат. Ошондой эле Базар- Коргон, Сузак, Араван райондорунда башкалар менен аралаш турушат. Алардын өкүлдөрү өзбөкстандын Аим, Фергана, Кува, Вудиль райондорунда кездешет.

                          АВАТ (АБАТ) УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Аваттар байыркы кыргыз элинин бир бөлүгү. Кырк уруулу кыргыздын бирөө. Кыйыр булактарга караганда алар Дөөлөс уруулук союзуна катышкан. Алардын Сибирден Орто Азияга которулушу да дөөлөстөр менен бирге болсо керек. Анткени аваттар кыргызстандын аймагында дөөлөстөр менен коңшу журтташ. Аваттардын санжырасында Инал жана Енал деген легендалык бабалардын ысмы кездешет. Информаторлордун көпчүлүгү «биз Инал, Эналдан тараганбыз. Бизди быякка Ават баатыр алып келген» (Талааа дептери 1968-жыл) дешет. Кыргыз жергесиндеги оболку дыйкандардан болгондуктан карыялар санжыраны билишпейт. Ичкилик тобуна кирген башка топтордун өкүлдөрү сыяктуу эле алар үчүн эң башкысы кыргыз. Андан бөлөгү аларды көп кызыктырбаган жана азыр да кызыктырбайт.

      Революцияга чейинки жана андан кийинки изилдөөчүлөр аваттарга анчалык көнүл бурушкан эмес. Анын негизги себеби биринчиден алар аз сандуу, экинчиден чоң уруулардын арасында жашашкан. Ошол себептүү көп учурларда аваттар көлөкөдө калышкан. Тамгасы (). Ача тамга же босого тамганын антарылган түрү().

      Тамгасы жагынан кесектерге жакын. Бул окшоштукту жалаң эле коңшулук менен түшүндүрүү туура эмес. Аваттар жаңы эранын биринчи он жылдыктарында эле кесектер менен быякка келиши мүмкүн. Алар 7-10 кылымдарда адепкилерден болуп түрк каганатын түптөгөндөрдөн делинет. М.Тынышпаевдин Кесектерге карата айткан пикири аваттарга да тиешелүү 1.

      Уюткулуу элдин уулу, куттуу жердин кулуну тукум курут болуудан аман калган, бирок кыргыз экенин жашырбай (мындайлар да болгон), анын туусун көтөрүп, атын чакырып кылым бойлоп келе берген. Ташкындуу дарыя жылжып аккан булактардан куралган өңдүү, жаңы кыргыз этносуна келип кошулган. Адашкан, ажырашкан эмес.

      Ал түгүл элдердин «Улуу которулушунун» акыркы жүрүшүнө катышып Памир, Кож-Дагды карай ооган. Ават уруусунун өкүлдөрү 1913-1914-жж. статистикалык маалымат боюнча Фергана облусунун Кокон уездинде, Лейлек болушунун Дарин (№ 1, 2), Лейлек (№ 1, 2), Рабат (№ 1, 2, 3), Ортобус айылында (№ 1, 2), 840 түтүн 3985 жан жашаган (Материалы по землепользованию киргизского населення... С. 62-65.).

      Ават уруусунун өкүлдөрү жыйырманчы кылымдын ортосунда Лейлек районунун Катыран, Өзгөрүш, Баул айылдарында, Баткен районунун Кулан, Гаусуор, Самаркан, Ак-Сай, Ак-Татыр, Жаңы-Бак, Капчыгай, Орто-Боз, Үч- Дөбө, Булак-Башы, Базар-Башы, Бужум, Канцык, Кара- Булак, Кызыл-Бел, Кызыл-Жол, Кешмыш, Тубек айылдарында, Сузак районунун Абат, Таштакабад айылдарында жашашат. Кыргыз элинин калыптанышына ичкилик тобу аркылуу катышты. Аваттардын кээ бир топтору Тажикстандын, Өзбекстандын коңшу райондорунда турушат.

                          ОРГУ УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Ичкилик союзуна кирген аз сандуу уруунун бири. Оргулар байыркы кыргыз элинин составында болгондугу жана кырк уруулу кыргыздын бири болгону айтылат. Оргулар жөнүндө илимий адабиятта кабар жокко эсе. Изилдөөчүлөрдүн ичинен И.Минаев Оргуларды ичкилик союзунун бир уругу катары көрсөтөт (Минаев И. Көрсөтүлгөн эмгек. 198-бет.). Ал эми «Военный сборникке» (1877-ж.) жана «Вестник Европыга» жарыяланган материалдарда (1894-ж.) башка авторлор тарабынан ал кабар кайталанат жана Н.Аристов тарабынан комментарияланат. Аларда санжыра да өтө начар өнүккөн. Бирок алар Ысык-Көлдө, Ноокат районунда Дөөлөс уруусунун өкүлдөрү менен аралаш жашашат. Кыргыздардын оболку дыйкандары катары аларда уруулук байланыш 19 кылымда эле жокко эсе болгон. Мындай көрүнүш жер иштеткен элдерде кезигери баарыга маалым. Бирок ири этникалык топтор менен коңшу жашашкандарына карабастан алар менен аралашып кеткен эмес. Ассимиляциялык процесске өтө катуу турушканы байкалат. Информаторлордун басымдуу көпчүлүгү өздөрүн Оргубуз - кыргызбыз деп жооп беришет.

      Өзүн-өзү таануу буларда өтө бекем тамыр жайган. Жети атасын билбегени менен өзүлөрүн даана кыргыз деп эсептешкени көңүлгө ала турган өжөр факт. Алар өзулөрүн ушул жердин ээси катары, башкаларды келгин катары карагандары да изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун туудурбай койбойт. 1913-1914-жж. статистикалык материалдарда алар тууралуу кабар жок. Бул Оргулардын жок болуп кеткендиги менен эмес алардын көз жаздымда калганынын далили. Совет доорунда алар жөнүндөгү кабар биринчи жолу 1953-1954-жж. пайда болот.

                          СӨЗ АЯГЫ ОРДУНА                                                                                                           (Мазмунга)

      Бул китепчени кыргыз этносун изилдөөдө колдоно турган колдомо катары пайдалануу жана кыргыз санжырасынын 1960-жылдарга чейин жетишкендиктеринин кыскача жыйынтыгы катары кароо керек. Бирок ошол эле жагдай жыйынтыктын оң жана терс жактары бар экендигин танбайт. Тескерисинче аны окурмандардын жана изилдөөчүлөрдүн кеңири катмарына сунуштайт.

      Санжырада кыргыз элинин (Эне-Сайлык, Ала-Тоолук) эки мертебе этноско (байыркы кыргыз, сонку кыргыз) болжолдуу сүрөтү тартылды. Байыркы кыргыз жөнүндөгу кабар өтө эле жарды, жокко эсе десек болот. Буга элибиздин кайгылуу тагдыры күнөөлүү. Бизге эл эсине сакталып калган, миңден бири жеткени маалим. Китепте азыркы кыргыз этносу жөнүндөгү маалыматтар бир аз толугураак десек болот. Анткени аны жыйноого окумуштуулардын төрт курагы, ондогон санжырачылардын жана 500 жакын информаторлордун колу тийген. Бул зор иште кыргыз этнографиясынын негиз салуучусу С.М.Абрамзондун эмгеги баа жеткис. Арыбай-талыбай материал жыйнагандардын жана аларды жыйынтыктагандардын арасынан Я.Р.Винниковду бөлүп көрсөтсө болот. Азыркы кыргыз этнологиясы ошолордун жолу менен баратканын айтуу абзел.

      Бирок доорго шайкеш келбеген, учурдун талабы деп аталган шылтоого таянып, акыркы жылдары 70 тен ашык жылдардын ичинде тарбиялаган, даярдаган этнографтарыбызды чилдей таратып ийип отуруп калганыбыз өтө өкүнүчтүү. Ошондуктан «өрдөк жокто чулдук бий» болуп, эл жөнүндөгү кабарларды өзүлөрүн санжырачылар деп атаган ар кандай кесиптеги адамдар чуу салууда. Алар көп пайдалуу иш жасашкандарына карабастан уруулук аң-сезимди ойготуп, жектешүүгө шарт түзүп, эң башкысы эл жөнүндөгү чындыктан өтө алыс материалдарды мезгилдуу басма сөз, ун алгы, сын алгы боюнча жарыялап жатышканында. Уруунун жолбашчыларын актап-мактап, алардын ысмын Жер- сууларга жана айылдарга коюп, республиканын картасын кайра чийүүгө аракеттер жасалууда.

      Буга кургак саясатчылар кошулуп кетүүдө. Ата тегиңди билгиң келсе ар кандай жөө жомокту айтуучулардын баянын эмес ушул кыскача справканы кара.

      Бул китепченин чыгышы иштин биринчи этабы. Эмдиги алдыда турган чоң иш кыргыз элинин составдык бөлүктөрүнүн бугунку абалы. Алардын жайланышы, саны. Мына ошол материалдарга таянып кыргыздардын этникалык картасын түзүү. Анан бара-бара көп томдуу кыргыздардын кошмо санжырасын чыгаруу. Бул көп убакытты, каражатты жана эмгекти талап кылары белгилүү иш.

                          Нух                       (Тизмеге)                                                                                                          БАГЫШ                       (Тизмеге)



                          Багыш Байтөбөт                       (Тизмеге)                                                                                     Багыш Куттуксейит                       (Тизмеге)


                          Багыш Токтомат                       (Тизмеге)                                                                                     Багыш Токтогул                       (Тизмеге)


                          АДИГИНЕ                       (Тизмеге)                                                                                     Адигине Баргы                       (Тизмеге)


                          Адигине Сатыке                       (Тизмеге)                                                                                     Адигине Мырзаке                       (Тизмеге)


                          Адигине Миң                       (Тизмеге)                                                                                     Адигине Бөрү                       (Тизмеге)


                          Азык                       (Тизмеге)                                                                                     Черик                       (Тизмеге)


                          Мунгуш - Жагалмай                   (Тизмеге)                                                                             Мунгуш - Коштамга                   (Тизмеге)


                          Саяк                   (Тизмеге)                                                                                 Саяк Түгөл                   (Тизмеге)


                          Саяк Чоро                   (Тизмеге)                                                                             Саяк Кулжыгач                   (Тизмеге)


                          Саяк Курманкожо                   (Тизмеге)                                                                             Саяк Каба                   (Тизмеге)


                          Саяк Мангыт                   (Тизмеге)                                                                             Саяк Молдо-Ибраим                   (Тизмеге)


                          Солто                   (Тизмеге)                                                                             Солто Эшкожо, Канай                   (Тизмеге)


                          Бугу                   (Тизмеге)                                                                             Сарбагыш                   (Тизмеге)


                          Сарбагыш Тынай                   (Тизмеге)                                                                             Моңолдор                   (Тизмеге)


                          Моңолдор Бөгөнөк                   (Тизмеге)                                                                             Моңолдор Бакы                   (Тизмеге)


                          Моңолдор Меңдуулат                   (Тизмеге)                                                                             Коңурат                   (Тизмеге)


                          Төбөй                   (Тизмеге)                                                                             Кушчу                   (Тизмеге)


                          Саруу Менди                   (Тизмеге)                                                                             Саруу Мураталы                   (Тизмеге)


                          Саруу Төңтөрт                   (Тизмеге)                                                                             Саруу Көчпөс                   (Тизмеге)


                          Саруу Кырк уул                   (Тизмеге)                                                                             Басыз                   (Тизмеге)


                          Кытай                   (Тизмеге)                                                                             Мундуз                   (Тизмеге)


                          Карабагыш                   (Тизмеге)                                                                             Жедигер                   (Тизмеге)


                          Нойгут                   (Тизмеге)                                                                             Ичкилик                   (Тизмеге)


                          Кыпчак                   (Тизмеге)                                                                             Найман                   (Тизмеге)


                          Кесек                   (Тизмеге)                                                                             Бостон                   (Тизмеге)


                          Тейит                   (Тизмеге)                                                                             Дөөлөс                   (Тизмеге)


                          Канды                   (Тизмеге)                                                                             Ават                   (Тизмеге)



    Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
    Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ