М А З М У Н У


САНЖЫРА — ЖИККЕ БӨЛҮНҮҮ ЭМЕС, БУЛ БИРИМДИК                       (Мазмунга)

Ата-баба санжырасын сөз кылып,
Уккандардан сүйлөп берсек карылар.
Кайдан келдик, кайда барат бул заман
Кулак салып угуп алгын жаш балдар.
Мен укканым мындай эмес болчу деп,
Ойлобостон кол шилтебе бурадар (жолдоштор).

Адамдардын өткөнү да, учуру да, келгени да бир бүтүндүктө турат. Өткөнү ата-бабаңдын турмушу, учуру — өзүңдүкү, келечегиң — тукумуңдуку. Атаңды жамандап өзүң жакшы болбойсуң, өзүңдүн ыйманың болбосо тукумуң жакшы болбойт. Ошондуктан өткөндүн жакшысын сактап, баатырын тактап, жаманын таштап отурган элдин келечеги кең. Кыргыздар өткөн окуяларынын тарыхын камтыган уламыштарын санжыра деп атаган.

Санжыра же чежире бул тарыхый дареги бар, уруу, урук, ата болуп бөлүнгөн тукумдардын башынан өткөргөн окуяларын, урп-адатын, баатырларын, чечендиктин, эл башына түшкөн коогалаңдуу күндөрүн баяндаган көркөм чыгарма гана эмес, ал адам аттарынын санагы аркылуу туугандардын ынтымагына, адамдарды ажыратпас биримдикке байлап турар көрүнбөс жип.

Санжыра деген сөздүн өзү араптардын «чежире» деген сөзүнөн алынган. Араптар бул сөз менен дарактын тамырын атаган. Дарактын түбү бир болгону менен өсө келгенде салаалап, бутактап, чачырап көбөйүп отурат. Ошол сыяктуу адамдын тукуму да улам көбөйүп өзүнчө урук, уруу болуп бөлүнүп кетет. Дал ушул окшоштук кыргыздын тукумун айтуу санжыра деп атоого алып келген.

Кыргыздар санжыраны өтө ардактап, «улуу сөз» деп келишкен. Аны ар бир кыргыз уга да, жок дегенде жети атасына чейин айта да билген. Азыр болсо жети ата түшүнүгүнөн ажыроо менен туугандашуудан, ырыс-ынтымакташуудан ажырап калдык. Түпкү теги бир атанын балдарынын ырышкердиги, мурасасы качты. Ошондуктан улуу салтты улантып, жаштардын арасына жайылтуу максатында негизинен азыркы Ысык-Көл районунда отурукташкан саяктардын бир гана тармагына — Кабадан тараган уруктардын, Шыкмамат же күнгөй саяктардын тукумуна кеңири токтолууну башкы максат кылдык. Анткени, бул чакан эмгекте саяктардын бүткүл уругун, ата бөлүнүштөрүн санап отурууга мүмкүн эместигин, ар бир окурман түшүнөөр. Калгандарын баяндоо кийинки милдетибиз болсун. Ошондуктан бул санжыраны бүткүл саяктардын санжырасы экен деп түшүнүп, «бул эмне калып калган, тиги эмне айтылбай калган, кичи аялдын тукуму жок» деген таарыныч болбосо экен деп алдын ала эскертебиз. Ал түгүл бул санжырада Каба тукуму да толук эмес, анын Шыкмамат уулунун бир баласы Кудаш бийдин гана тукуму толук айтылды. Мында да эч кемчилик жок деп убада бере албайбыз. Анын себеби мындай: санжырада бир адамдын он баласы болсо бүтүндөй айтылып олтурбайт. Ошолордун элге белгилүү болгондору гана эскерилет. Экинчиден, санжыра элдик оозеки чыгарманын даректүү түрү болгондуктан эл оозуна илинген уламыштары аркылуу, көзгө көрүнгөн окуялары аркылуу кызыктуу. Эгерде биз санжы¬раны «баланчадан бастанча, түкүнчүдөн түкүнчө» деп жалаң гана урук-тукумду, киши аттарын санай берсек эч ким укпаган болоор эле. Анын негизги мааниси да супсак бир нерсеге айланмак. Санжыраны уккулуктуу, таасирдүү кылган андагы окуялар, элдин фантастикасы, кыргын-сүргүнү, күрөшү, акылман сөзү.

Бул санжыраны түзүүдө кыргыз элинин атактуу акыны Тоголок Молдонун, санжырачылар — Муса Байгара уулунун, Талип Молдо Байболот уулунун жазып калтыргандарын, ошондой эле Жусуй Белек уулунун (чоң чарык), Кадыке молдонун (бокотой) Молдосалы Субанбай уулунун (чиркей), Канатбек Максүт уулунун (Кабатай Аңылдак), Үсөнбек Асаналы уулунун (Кудайменде), Абдырай Ыбырай уулунун (Торпок) Күлөнбек Аламан уулунун, Качкын Орунтай уулунун айткандарын колдондук. Анда эмесе, окурманым, «улуу сөзгө конок бериңиз!»

САЯКТЫН ТҮПКҮ ТЕГИ                       (Мазмунга)

Кыргыз санжырасында Саяк жөнүндө көптөгөн варианттар айтылып жүрөт. Алардын ичинен биздин оюбузча чындыкка жакыны, жана кеңири тараганы төмөндөгү. «Карахандын Абасханынан Кыргыз төрөлөт. Абастын аялы кырк нөөкөрү менен кырда сейилдеп жүрүп төрөп койгондугу үчүн атын Кыргыз коет. Мында кыргыз кырдын кырк кызынан чыкканы маанилүү. Кыргыздан Каадамбек, Андан: Үрүстөмбек, Арстанбек; Үрүстөмбектен отуз уул болуп көп уруу эл болот. Арстанбектен Алчымбек, андан Тоорухан, мындан Барахан, андан Карахан, Карахандан Төгөй, Төгөйдөн Көгөй, андан Ногой, Ногойдон Орозду, Нойгут, Көкчөгөс, Көз каман, Ороздунун он уулу болгон. Анын төртөө белгилүү Үсөн, Бай, Улакан, Жакып. Байдан айтылуу Бакай, Улакандан Сыргак, Жакыптан Манас, Манастан Семетей, андан Сейтек, Сейтектен Эрсарык, мындан Алымсарык, Алымсарыктан Кулансарык, андан Кенен баатыр.

Мына ушул жерден санакты токтотуп, Манастын чоң атасы Ороздунун бир тууганы Нойгуттун тукумдары жөнүндө сөз кылалы. Анткени, биз кеп кыла турган Саяктар ушул Нойгуттун Акбалтасынан келип чыгат. Акбалтадан айтылуу «Манас» эпосундагы чуусу чубалган Чубак. Чубактан - Бекчоро. Бекчородон - Тегизбек, Тегизбектен - Жайыкбек, Жайыкбектен - Көкүшбек. Андан Сапарбек, Сапарбектен - Алдаш, Алдаштан - Алымбек, Алымбектен - Сурантай, Сурантайдан үч бала: Чыбытай, Сабатай, Муратай.

Чыбытай элине хан болот. Хандык кылып турганда Чыңгыз хан Чыбытайга тогуз кара Шумкар тартуу кылып, Супатай, Дархан деген эки вазирин жиберет. Тартууга алданып, экинчи жагынан Чыңгыз хандан чочулап, кыргыздар моңголдорго кошулат. Чыңгыз хан кыргыздарды кытайга каршы урушка айдап, көп кыргынга учуратат. Аны көргөндөн туком курут болуудан корккон Муратай өзүнө ээрчиген кыргыздарды алып Кожент шаарын карай качып келет. Ал жерден Жусупбек, Сүйүнбек деген эки балалуу болот. Балдары чоңоюп, эр жетип калган кезде Муратай жарык дүйнө менен кош айтышат. Жусупбек менен Сүйүнбек үйлөнүп, Жусупбектен Абдырайым, Сүйүнбектен Эшен кара төрөлөт. Муратайдын небереси Абдырайым чоң атасынан жана өз атасы Жусупбектен калган мал-мүлк менен ашып-ташып байып, бүткүл Коженттин сыйлуу адамына айланат да, байлыктын аркасы менен Эрдене хандын кызы Маанишайымга үйлөнөт. Андан эркек балалуу болуп, баласынын атын чоң той берип, Байысбек коет. Эрдене хан күйөө баласы Абдырайымды бектикке көтөрөт. Ошол учурда Эрдене хан өлүп, анын уулу Эреше хан тактысын ээлейт. Көп узабай Абдырайым да өлүп, Байызбек жетим калат. Байызбектин энеси Маанишайым жети жыл жесир бойдон каралуу олтурат. Бул кезде Абдырайымдын атасынын бир тууганы Сүйүнбектин уулу Эшенкара Бухарага барып окуп, карычылыкка жетет. (Кары деп куранды жатка билген кишини атаган). Ал мурда үйлөнгөн эмес. Маанишайым өзүбектерге тийгенден намыс кылып, Кожент аркылуу бир адам жиберип Бухарадан Эшенкараны алдырат. Маанишайым ошол кайнисине башын байлатат. Андан Дайырбек аттуу уул төрөлөт. Дайырбектен үч уул: Садык, Жусуп, Шакир. Бул үчөө тең молдо болушкан. Кийин өзүбек, кыргыз бузулганда, качып, энелеш агасы Байызбектин тукумун издеп келип, саяк ичинде туруп калат. Шакирдин көзү көк, өңу кара болгондуктан Чекир молдо атыгып кетет. Ал үч балалуу болот: Өйдөчекти, Учкуртка, Түгөл. Кийин Чекир саяктар деп аталып калган.

Эрезеге жетип, калган Байызбек энесинин эрге тийгенине таарынып, качып келет да, атасы Тагайды издеген Кара Чорого кезигет: «Атым Байызбек, бирок атыман айтпа, антсең артыман куугун келип алып кетет» — дейт. Анда Кара Чоро «сени тентиген саяк» деп жүрөм дейт да ээрчитип алат. Ошол учурда өзүбек менен кыргыз арасы бузулуп, чатак чыгат да, Абыл төрө өлүп, анын баласы Төрөкан да кыргыздарды издеп качып чыгат. Колунда азык салынган баштыгы бар Төрөкан Кара Чоро менен Байызбекке кошулуп Тагай бийге келишет. Тагай бий үчөөнү тең «менин балдарым» деп элге тааныштырат. Ошентип, элдик санжыра боюнча Кара Чоронун тукумунан Багыш, баарын уруулары, Байызбектен саяк уруусу, Төрөкандан азык уруусу тараптыр.

Кытайдагы кыргыздын тарыхчы-санжырачысы Анвар Байтурдун берген маалыматына караганда биздин замандын V—VI кылымдарында Тянь-Шань, Памир тоолорунда жашаган бир канча уруулар кыргыздар менен ассимиляция болуп, кыргыз уруулары деп эсептелген. Булардын ичинде Коңурат, кыпчак, саксын деген уруулар бар. Биздин оюбузча дал ошол саксын уруусу саяк уруусунун түпкү теги болгонбу дейбиз. Тоголок Молдонун санжырасында да Байызбектин баштапкы чыккан уруусуна карата сайрактын саяк деп аталып калганы жөнүндө сөз болот. Ал эми селсаякты байыркы тегин билбеген, окубаган адамдар карапайым түшүнүк менен баяндай койгон окшойт.

Эми ошол Байызбектен тараган саяк уруктары, тукумдары жөнүндөгү карама-каршылыктарга, чаташкан жерлерге токтолсок. Биринде баласы атасы катары көрүнсө, экинчисинде атасы баласы катары, үчүнчүсүндө бир тууганы катары айтылат. Булардын ортосунан көп заман өткөндүктөн «мунуку туура, тигиники туура эмес» деп кесе айтыш кыйын. Ошондой болсо да негиздүү деп ойлогон вариант боюнча саяктын (Байызбектин) өз тукумун таратып көрөлү. Саяктан Ботош, Сарык (уландысын I-түпкү дарек сүрөтүнөн караңыз).

ЖАЛДУУ КАБА БАЯНЫ                       (Мазмунга)

Байызбектин (саяк) Сарык деген уулунун байбичеси баланы көп төрөп, бирок бирөө да токтобой коет. «Карыганча бала көрбөй, куу баш атка кономбу?» — деп капа болгон Сарык бай, Кулжанын буту сынган» деген жерден бир аксакалга жолугат. Аксакал Сарыктан капа болгон себебин сураса «Ээ аксакал, мен капа болбогондо ким капа болот, өлсөм артымда ыйлаар бала жок, малга ээ адам жок» — дейт. Анда аксакал: «Ай Cарык бай, сен сараңдык кылбай, элдин батасын ал, анан «мал сурасаң Чолпон-Атага бар, баш сурасаң Манжылыга мазарга бар» - «дегенди унуттуңбу?», - дейт да көздөн кайым болот. Аксакалдын айтканын Сарык бай туура табат. Байбичесин ээрчитип, жигитине жүгүн өңөртүп Манжылыга мазарга барып, бир-эки күн түнөп келишет. Буйрук менен Сарыктын байбичесинин боюна бүтөт. Кышка жуук төрөтү келип, байбиче толготуп калат. Ушул учурда, Аламышык тоосунан кийик уулаймын деп бараткан Кайдулат, Сарыктын үйүнө түшкөн экен. Кайдулаттын аялы такыр төрөбөгөн адам эле. Ошондуктан өлүмдөн корккон Сарык бул баланы ырымдагысы келип, «ээ Кайдулат сенин аялың төрөбөйт, менин аялым төрөгөн менен балдарым токтобойт. Бул баланын киндигин кеспестен, тону менен ороп алып үйүңдү көздөй чап, аялыңа «Аламышык тоосунан аркар тууп аткан жеринен таап келдим деп алып баргын. Сенин аялыңа ырым болсун. Мындан ары төрөп калгысы бардыр». Баланы аңдын даакысына ороп, киндигин кеспей, тону менен Кайдулаттын койнуна катып берет. Кайдулат баланы катып, үйүн көздөй чабат. Үйүнө келсе, байбичеси уктап жаткан болот. Байбичесин ойготуп,— «тур бат, Аламышыктын тоосунан аркар тууп жаткан жеринен үстүнөн чыктым, эркек бала экен» — деп шаштырат. Түндүгүнөн бакан сала коет да, байбичесинин алдына талпак төшөйт. Эл тура электе бир кой алып келип мууздап жиберет. Баланы талпактын устуне таштап салып койчусун ойготот: «Тур бат, «сүйүнчү, Кайдулаттын катыны эркек бала төрөдү» деп тегеректегилерге кабар бер. «Боюнда бар экени билинбей эле жүрүп, көрсө көкүрөк көтөргөн киши экен» — дешип эл таң калып, балага азан чакырып ат коюшат. Илгерки эл кийиктин даакысын «каба» дешчу экен (баланы даакыга ороп келбедиби). Ымыркайдын далысында жалы болгондуктан Жалдуу Каба деп ат коюшат.

Кайдулат балага чоң той берип, тойго Сарыкты да чакыртат. Ошондо Кайдулат байбичесине кеңешип,— «биз да балалуу болуп калгыбыз бардыр, бул баланы ырымдап Сарык акеме качыралы» — дейт да кайра Сарыктын байбичесине берет. Сарык да куру койбой, ырымдап тогуз ат берип сатып алган экен. Ошентип, баланын жөн жайын Кайдулат, Сарык жана Сарыктын байбичеси гана билет. Калган эл Кайдулаттын байбичеси төрөдү десе, Кайдулаттын байбичеси баланы Аламышыктын тоосунан таап келген деп түшүнөт.

Эл баланын ырым-жырымын кылып, оозантып, Кайдулаттын байбичесине бергенде, эки эмчегинен сүт дирилдеп агып, энелик мээрими түшкөн экен. Көп өтпөй байбиченин боюна бүтүп, эркек төрөйт. Кайдулат Кабаны Сарыктан түн ичинде элге көрсөтпөй алып келгенин ырым кылып, өз баласына Түнкатар деп ат коет кийинки жылы байбиче дагы бир эркек бала төрөйт да атын Түнтөй коет. Ошентип, Кайдулат Түнкатар жана Түнтөй деген эки балалуу болуптур.

Сарык бай, байбичеси менен келтеден өлүп, Каба эки жашар кезинде томолой жетим калат да, үй-жайы, мал-салы менен Кайдулаттын колуна келет. Күндөр өтүп, ал чоңое берет. Кайдулат мылтык атып жаа тартат, бул өнөрдү Каба да үйрөнөт. Эл «Кайдулат өз баласын кайра алды», десе байбиче мурункудай эле «Кабаны таап келген деп жүрө берет».

Ошентип, турмуш өз нугу менен өтө берет. Билинбей Каба 13—14кө чыгып калат, Түнкатар менен Түнтөйлөр да 12—13ка келген кези. Үч уул бир үйдө чогуу өсүүдө, Кайдулат Кабаны өзгөчө жакшы көрөт. Себеби, ал акжолтой болуп, төрөбөгөн бай¬бичеси эки эркек төрөп бербедиби. Кабага Кайдулат аттын жакшысын, тондун тазасын кийгизет, Тандап мингизген жоргосу чапкан атты сүйрөйт, байгеге чапканда дайым чыгып келет. Кыскасы, жорго мыкты болгон экен.

Күндөрдүн биринде Каракужурда чоң той болуп, ага Кайдулатты эрте чакыртып кетет. Бул кезде Каба уктап жаткан болот. Ойгоо болсо атасы менен кошо кетет эле. Эки иниси Кабадан мурун ойгонуп, Кабанын жоргосун талаша кетишет. Байбиче «өз-өз атыңарды мингиле, Каба ойгонгондо өзү минет» десе да болушпайт, мушташа беришет. Айласы кеткен байбиче балдарына «силер өз баласыңар, Каба бакма бала, бакма таарынчаак болот»,— дейт. Буга кызыккан балдар, мушташын таштап «айткын» деп талап кылышат. Байбиченин айласы ого бетер кетип, билгенин калп-чынга аралаштыра мындай дептир: «Атаңар Аламышыктын тоосунда куш салып жүрсө, кушу калың бадалдын арасына: конуп калат. Тегерегин айланта бастырып карап чыкса бир да жылчык болбойт да, кушуна жетпей коет. Эптеп атып бадалдын арасына кирсе оозунан ак көбүк куюлуп, балтыр эти балпайып жаткан баланы көрөт. Келме келтирип, баланы жерден алса, шилиден тартып туу белине чейин оңго суланган жалын, белден ылдый эки эли болгон жалын көрөт. Эки жагын караса эч ким көрүнбөйт. Алыстан карап турган кайберенди көрөт. «Кайберен ээлеп турган ыйык бала экен, Кайберендин мыктысы Каба деп уккан экен. Калы бар болгондуктан, Жалдуу Каба деп ат коюп, атаңар үйгө алып келген. Кайыптан жаралган бала ыйык болот. Агаңарды сыйлап жүргүлө», деп байбиче балдарын алдап-соолаптыр. Байбиченин айтканын балдар кийинчерээк элге таратат. Эл да «чын эле байбиченин боюнда болуп, төрөгөндөй болгон жок эле, тоодон таап келгени ырас го», - деп божомолдошот.

Ооздон оозго тарап, элге азыркы кезге чейин «Каба кайыптан жаралган» деген сөз ошондон жайылып кетсе керек. Ошентип, уйкусу канган Каба турса, атасы да инилери да жок. Энесинен сураса эртең менен эле атасынын тойго кеткенин, атасы тураар менен артынан келсин дегенин айтат. Жоргосун токунуп тойго келатса, алдынан эки иниси чыгат. Эртеңмененки болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришет. Мурда мындай кепти укпаган Каба ачуусу менен «андай болсо силер атаңарга бара бергиле» ,- деп кайра тартат. Короонун четине аттан түшүп, ээр токумун шыпырып, жүгөнү менен атын бир салып, айдап жиберет. Таарынган бойдон ээр токумун жазданып жатып алат. Байбиченин жалынып-жалбарганын тоотуп да койбойт. Кечинде Кайдулат эки уулун ээрчитип үйүнө келет. Кабанын эмне үчүн барбаганын сурайт. Анда байбиче: «Билбеймин, эртең менен Кабанын атын бул экөө талашып урушуп жатышканынан араңдан зорго Кабанын атын бербей өз атыңарды мингиле деп, сенин артыңан жибергем. Эч кандай чыр-чатак жок эле Каба да кеткен. Бир кезде карасам короонун четинде жатат, жалынсам да, жалбарсам да турбады. Бирөөдөн жаман кеп укканбы, айтор турбай жатат», - деп жооп берет. Кайдулат да аттан түшүп бир топка чейин асылып да, жалынып да тургуза албайт. Каба болсо былк этпестен жата берет. Асылып, такыр болбогондон кийин, «мага эмнеге асыласыңар, мени Аламышыктын тоосунан таап алган турбайсыңарбы» - деп өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлайт. Ушуну уккан Кайдулат аябай ачуусу келип, байбичесин өлөрчө сабайт, араңдан зорго Кабаны тургузуп, үйүнө алып барат. Мындан кийин Кайдулат Кабаны кайда барса да ашка, тойго, мергенчиликке барса да, күнү-түнү менен ала жүрчү болду. Бирок Кабанын күндөн-күнгө сабыры суз тартып, өңүнөн азып жүдөп баратты. Кайдулат баланын чечилбей баратканын байкагандан кийин ага аял алып берүүнү ойлойт да, көп өтпөй бир казактын байынын кызын алып берет. Энчисин, мал-мүлкүн бөлүп берет да, кандайча Аламышыктын тоосунан «таап» келгендигин - Кабанын өз атасы Сарык экенин, Сарыктын байбичеси төрөгөнүн айтып берет. Ошентип, Каба иштин жайына толук түшүнгөндөн кийин ачуусу тараптыр. Каба казак аялынан уч балалуу болот:
Актери (Ош тарапта)
Бозтери (Көлдө)
Энтери (Тогуз-Тороо, Ак-Талаа)

Кийинчерээк Кайдулат Кабаны абдан ыраазы кылуу үчүн кыпчак Кан тийбестин кызы Акберметти алып берет. Акберметти алгандан кийин, Кабанын дөөлөтү ого бетер көтөрүлүп, чоң короо айыл болот. Акберметтен Шыкмамат. Анын асан чакырып койгон аты - Шайык Мукамбет.

ШЫКМАМАТ ЖЕ КҮНГӨЙ САЯКТАРДЫН ТАРАЛЫШЫ                       (Мазмунга)

Каба Акберметти алгандан кийин, казак байбичеси катуу күнүлөйт. Күндөрдүн биринде Кабанын айылы жайлоого көчөт. Күн ысык болгондуктан, чоңоюп калган үч уулуна (Бостери, Энтери, Актери) жылкыларын айдатып алып эрте кетет. Үй-жайын, эмеректерин көчүрүүнү байбичесине жана жигиттерине тапшырат, Каба кеткенден кийин байбиче күнүлүк кылып, өз үйүн жүктөтөт да, Акберметтин жүгүн журтка таштап, жайлоого көчүп кетет. Көч келгенден кийин Каба байбичесинен Акберметтин көчүн сураса: «Түндө ошондо жатпадың беле, ошого эркелеп байдын өзү көчүрбөсө сени менен көчпөймүн деп калып калды», - деп чаңырат. Каба жигиттерин ээрчитип, Акберметти көчүрүүгө жөнөйт. Журтка келсе тизделүү төөсүн, токулган өгүзүн, байлануу музоо-торпогун таштап, Акбермет байгеге чабылып жүргөн ак жал тору атын токунуп, Шыкмаматты өңөрүп, Кабанын белдик кисеси менен белин бек бууп, түштүктөгү атасыныкын көздөй чу койгон экен. Каба эмне кылаарын билбей, бир жигитин ээрчитип, Акбер меттин изине түшөт. Из менен сууга келсе бир жардын башынан сууга кирген изи бар, бирок суудан чыккан изи жок, кыскасы, тирүүлүктүн эч кандай белгиси көрүнбөйт. Айласы куруган Каба баласын, аялын жоктоп айылына кетет.

Бул учурда Акбермет аман-эсен төркүнүнө келет. Атасына болгон иштин маани-жайын түшүндүрөт. Атасы Акбермет менен Шыкмаматка үй көтөртүп, энчи берип, өзүнчө бөлүп коет. Акбермет төркүнүндө болгону менен, мал-жаны өзүнчө, баласын чоңойто берет. Күндөр өтүп, жылга айланып, Шыкмамат чоңоюп 14 - 15ке келет. Эркеликтен өтө тентек чоңоет. Күндөрдүн биринде айылындагы кемпирдин жалгыз баласын уруп койсо:

«Жалгыз тамчы сел болбойт,
Түп-түз жерде бел болбойт.
Желке тери тон болбойт.
Жээн тайга эл болбойт
Куралы болбой эл болбойт
Жылкы тийбей мал болбойт.
Кыйын болсоң денегул болбой атаңды таап ал» - деп каргап коет.

Ыза болгон Шыкмамат энесине келсе, энеси буудай кууруп аткан кези эле. Энесине «буудайдан бир уучтап берчи», - деп атчан туруп сурайт. Баласын кыя албай, ысыгына карабай буудайдан уучтап бергенде, Шыкмамат энесинин колун ысык буудай менен кошо бек кармап туруп, - «менин элим кайда, атам ким, чынын айт» - дейт. Энеси колу күйгөнүнө чыдабай баласына болгон ишти болгондой айтып берет. Шыкмамат атасынын бар экенин билгенден кийин эл-жеримди издеймин деп чыр салат. Ошондо Акбермет атасы менен кеңешип, Шыкмаматка уруксаат беришет.

Таятасы 40 жигит жарак-жабдыгы менен, энеси тамак-ашы, кийим-кечеси менен камсыз кылышат. 40 киши бата турган чатыр камдап, бир жакшы козуну сойдуруп бүт бойдон эжигейге бышырттырып дасторконго ороп, куржунга салып азыгы менен кошо бир төөгө жүктөтөт. Кетеринде Акбермет баласына эли-жерине барчу жолду айтып берет.

Шыкмаматтар энеси айткандай Нарындын суусунун боюнан орун алышат. Бир жигити менен суудан өтүп, мал издеген адам болуп, көрүнгөн адамдан «бул кимдин малы» деп сураса, баары эле Кабанын малы деп жооп беришет. Бир баладан Кабанын уйу кайсы десе дөбөдөгү чоң үйдү көрсөтөт. Акырын баамдап карап чоң үйдүн алдында кермеде эки кулук ат аса байланып турганын Шыкмамат байкайт. Чий менен туурдуктун ортосуна тура калып атасын абайлап караса түспөлү энеси айтканга окшойт. Шыкмамат атасынын кереметин көрүп кайра тартат. Колуна келсе колу даяр. Чатырды тигип, мамыны орнотуп, 2-3 бээ сойдурат. Өзү жигиттери менен Кабанын жылкысына тийип, миңдеген жылкысын тешик таштан өткөрүп салат да, ошол жерден күтүп жатат.

Каба жылкынын изине түшүп келсе, из өтө жай кеткен. «Бул кандай из?» - деп атынын оозун кое берип, тешик таштан өтө берерде бирөө салам айтып, чап колдон алат. Аттан түшүрүп колундагы жаасын алып, Кабаны акырын жетелеп чатырга алып барат. Шыкмамат тешик таштан бир да адам өткөрбөгүлө» - деп буйрук берет. Каба колго түшөрүн түшүп, бирок, эч кандай зордук-зомбулук көрбөгөнүнө айран таң калат. Эч бир жан калбай, Кабанын жанында жалгыз гана Шыкмамат калат. Шыкмамат: - «ата балдарыңыз жок беле, жылкынын артынан өзүңүз келипсиз, өзүңүз келгендиктен, жылкыңызды кайра беремин, капа болбоңуз, орозоңузду ачпай келдиңиз, тамак-аш ичип алып, малыңызды айдап кетиңиз. Эгерде малыңыздын артынан башка адам келсе жаман болот эле. Баарын кырып, жылкыңызды айдап кетет элем», - дейт. Бат эле колго суу куюлуп, эжигейге бышырылган жаш козунун эти Кабанын алдына коюлат. Этти кесип жегенге бычагы жок Каба кысталып отурганда, Шыкмамат «о жарыктык, бычагыңыз жок беле, мына», - деп киседе илинип турган кестикти сууруп алып, жууп, Кабанын алдына коет. Каба колуна кестикти ала коюп аябай чочуп кетет. «Бул кандай иш, ээ кудай менин Шыкмаматым аман-эсен бар экен го» - деп Каба эки жагын каранып, көздөрүнө жаш алат. Шыкмамат чыдабай атасын кучактап жыгылат. Атасын сагынган неме көпкө чейин кучагынан чыкпайт, Каба да уулун бооруна кайра-кайра кысат.

Каба чоң той өткөрүп, Акберметке кайрадан нике кыйдырып алат. Айлына келип Шыкмаматка энчисин берет.

Шыкмамат атасынын тамгасын бузуп, жылкыларынын оң жагына кыйгач тамга салат. Мына ошондон кийин «Бузук тамга Шыкмамат» атка конот. Шыкмамат ошол бойдон агаларынан бөлүнүп, атасы Кабаны колуна алып күңгөйдөгү «Кырчын» деген жерди жердеп калат. Каба ушул Кырчындан көз жумат. Шыкмаматтын да атасыныкындай жалы бар экен. Каба Шыкмаматка Сарбагыш эли Дөөлөттүн кызы Токтобүбүнү алып берет. Шыкмамат Кудаш, Култай деген эки уулду болот. Култайдын тукуму түштүктө, Кудаш бийден тараган эл азыркы Ысык-Көл районунда жайгашып, «күнгөй саяктар» деп аталат. Эмки сөз Кудаштын тукумун таратууда болсун.

Айтылуу Кудаш бийдин эки катыны болот. Улуу катындан Куртка-мерген, Бектемиш, кичи катындан Кожояр, ошондой эле тондуу эки уулу Алдаяр, Ынжай же (Бөлөкбай).

БАКАЧЫ                       (Мазмунга)

Бектемиштин Шайыбек деген уулу болгон. Ал киши ары сөзгө чебер, ары баатыр адам экен. Бир жолу Кара-Ойдун сазына боз үй тигип, тай союп, уяттуу коногун тозот. Тай казанга этти салып, бышырып жатканда казанга бака түшүп кетет. Конокко тартуудан уялып жаткан жигиттеринин шагын сындырбас үчүн, Шайыбек тай казандагы этти бүт жеп койгон экен. Ошондон улам анын Шайыбек деген аты өчүп Бакачы деп аталып калган дешет.

Дагы бир уламышта Шайыбек жолдоштору менен жол жүрүп келе жаткан болот. Жолдоштору Шайыбекти тамашалаш үчүн, анын кисесине байкатпай бака салып коюшат. Бир аз жүргөндөн кийин,- «Ээ Шаке сизди «элге көрсөтпөй бака жейт» дешет, ошо чьгнбы», - деп сурайт жанындагылардын бири. Буга аябай чычалаган Шайыбек аны сабап коерунда,- «о жарыктык, кандай немесиз, чычалап, ишенбесеңиз тиги кисеңизди ачып көрүңүзчү, бака жок болсо, сабамак тургай өлтүрүп салыңыз», - дейт беркиниси. Шайыбек кисесин ачса чын эле бака секирип түшөт. Ошондон кийин жолдоштору шылдыңдап, - «бизге көрсөтпөй бака бышырып жеп жүргөн экенсиң, арам бакачы», - деп жүрүшүп «бакачы» атка конгон экен.

Шайыбектен Кудаяр, Кожош. Кудаяр эки катын алат. Улуу катындан Жайыл, Кудайменде, Азар Чулум, Жорул; кичи катындан Барымтай. Барымтайдын өзүнөн бала жок экен. Барымтай Чолпон-Атанын өрдөшүнөн келатса, колунда куурайдан жасалган чоору бар бир кичине бала,- «чоор, чоор аке» - деп чакырат. Барымтай баланы учкаштырып алса, «Бакта Ороз, Бакта Ороз» деп төмөн жактагы бакты көрсөтөт. Көрсөткөн бактын түбүнө келсе, бир бала уктап жаткан болот. Аны да алып келатса, ары жактан дагы бир баланын «Тур, тур ата, тур ата» деген үнү угулат. Бул үчөөнү тең үйүнө алып келип, багып алат. Барымтай мал союп, үчөөнө - «Чоор аке» деген баланын атын Чороке, «Бакта Ороз» дегенин Бактороз, ал эми «Тур, ата дегенин Дураты деп ат коет.

Бакачылар азыркы кезде Чок-Тал, Өрнөк, Чоң-Сары-Ой, Бает, Курск, Долинка айылдарында, Чолпон-Атада жана хутордо отурукташкан.

БӨЛӨКБАЙ                       (Мазмунга)

Бөлөкбай же Ынжайдан тараган тукумдар Ысык-Көлдүн азыркы Сөгөттү (Комсомол), Корумду, Темир, Таштак, ошондой эле Кашат айылдарында отурукташкан.

Бөлөкбайдан Белек, Калматай, Токтогул. Эл арасында Бөлөкбай жөнүндө көптөгөн уламыштар айтылып жүрөт. Ошолордун ичинен көп айтылып жүргөндөрдүн ичинен төмөндөгүлөрүн сиздердин назарыңыздарга коюуну туура таптык.

Биринчиси боюнча Ынжай же Бөлөкбай Кудаштын бир тууганы Култайдын баласы болот. Ал мындайча: Кудаш менен Култай бир жолку жортуулунда калмак айылынан бир баланы алып келишет. Атын Анжай деп коюп Култай багып алат. Көп өтпөй Култайдын байбичесинин боюна бүтүп, эркек төрөйт. Атын Анжайдын иниси Ынжай деп коет. (Анжай жөнүндө кийинчерээк абаяндама беребиз) .

Экинчиси - эл оозунда көп айтылып жүргөнү төмөндөгү: «Кудаш бий бир айгыр үйүрү жылкы жоготот. Жоголгон жылкысынын бардыгы сары, айгыры да сары эле. Жылкысын издеп, Кудаш кыпчак ханы Давастын айылынан табат. Чогултуп кайра кеткиче бир канча күн өтөт. Кудаш бийге өзүнчө өргөө көтөртөт. Өргөөдө кызмат кылып жүргөн тирикарак, тың бала Кудаш бийге жагып калат. «Кимдин баласысың, атаң барбы?» - деп сураса: - ата-энем жок, атым Ынжай» дейт. «0й, балам, мен сени жоготуп издеп жүрбөймүнбү, бери келчи - деп баланы алдап-соолап, өөп-жыттап, чечинтип далысындагы калын көрөт да, «эртең эл чогулганда мага келгин, сени алып кетемин» - дейт. Эртеси жылкынын чатагы менен эл дөбөдө отурса, баягы бала келип калат. Баланы жанына чакырып, - «бул бала менин жоголгон балам, мал уурдаганыңар аз келгенсип, баш уурдаганыңар эмнеңер. Үйүндө мунун бир тууганы бар, аты Анжай, ишенбесеңер агасын барып көргүлө». Чогулган элден калыс адамдар, «балаңыздын кандай белгиси бар эле», - деп сураганда Кудаш: «баламдын сол далысында бармак басымдай кара калы бар эле» - дейт. Баланы чечинтип, белгисин көрүшөт да талашсыз баланын башын ачышат. Кудаш малдын үстүнө баланын айыбы деп хан Давастын кызын, үйдөгү кулу Анжайга алып берет да, баланын сүйүнчүсүнө» деп сары айгырды үйүрү менен таштап кетет.

Кудаш Ынжага чоңойгондо, өзүнчө энчи бөлүп, аял алып берет. Кийин Кудаш бир жакка кеткенде, Ынжай өзүнүн үйүн айылдан окчунураак жерге тигип алат. Кудаш келген соң, эл-журту менен амандашып отуруп, тээтиги кайсы айыл деп, бөлүнүп калганы Ынжайдын айылын көрсөтөт: «Ал баягы Ынжай, айылдан бөлүнүп калган» дешет. Анда Кудаш, - «А атаңдын көрү, көтөнү бөлөктү көктөсө да болбойт». Ал менин Бөлөкбайым турбайбы», - дейт. Мына ушундан кийин Бөлөкбай аталып калган дешет.

Корумду, Сөгөттү айылында Бөлөкбайдын Токтогул деген уулунун Алыбегигнен тараган Олжобай - Чоң Чарык деген эл жашайт. Олжобайлар Алыбектин жеңе аялынан, ал эми Чоң Чарык байбичесинен. Чоң Чарык деп аталышынын себеби төмөнкүчө:

Биринчи айтылышы. Алыбектин байбичесинин үйүндө чоң чарык болгон экен. Байбичеси төрөгөн Анабай, Шырдак ойноп жүрүшүп, кээде чоң чарыкка уктап калышчу. Аларды издеп араңдан зорго чоң чарыктын оң, сол жагынан таап чыкчу экен. Ошондон улам Алыбектин улуу байбичесинен төрөлгөн Анабай, Шырдактан тарагандар «Чоң чарык» аталып калган.

Экинчи айтылышы: Алыбектин байбичесинин үйүндөгү чоң чарыкты бир улак түнөк кылып, жатып алат. Аны көргөн эл Алыбектин байбичесинен тарагандарды «Чон чарык» деп аташыптыр.

Токтогулдун Алыбектен башка Атакүчүк деген баласы болгон. Атакүчүк Алыбектин агасы. Ажал келип, Атакүчүк жарык дүйнө менен коштошкондо, анын жесирин Алыбек жеңе аял кылып алат. Ошо жеңе аялынан тарагандар Олжобайлар.

Бөлөкбайдын кичи баласы Белек. Ал атасы өлгөндө энесинин боюнда экен. Атасын көрбөй калыптыр. Атасынан калган белегим деп энеси Белек деп ат коюптур.

КУРТКАМЕРГЕН                       (Мазмунга)

Курткамерген уруктары Ысык-Көлдүн азыркы Тору Айгыр, Чырпыкты, Кош-Көл айылдарында отурукташкан.

Курткамергендин эки аялы болуп, улуу аялынан Бокотой, Ба¬рак, Акылбек, Үсөн (торпок), кичи аялынан Кабатай, Төлөк. Кабатайдын үнү жоон болуп, кыйкырып сүйлөгөндүктөн, кийинчерээк аңылдак деп аталып калган экен.

Үсөндүн «торпок» аталышы. Бир жолу Бектемиштин айылынан: келгендер менен Курткамергендин айылында ордо атышып калышат. Оюндун аягында коноктор ута баштайт. Жандырмактын акыркы чертмеги калганда торпок минип Үсөн келиптир. Акыркы чертмек менен утулган оюндун баарын Үсөн жандырган экен. Ошондон улам торпок минген Үсөн — «Торпок» атка конуптур.

«Бокотой, Барактан киши жокпу»,— деген тамашалуу лакап да ушуларга таандык. Ал мындай болгон экен. Каршылаш уруктар Бокотой, Барактын айылын чаап алууга даярдана баштайт. Даярдык жашыруун болуп, эч кимге билгизишпейт. Белгиленген күнү колун чогултуп, даярдыгы жок айылды чаап алабыз деп жөнөшөт. Бирок, Бокотой Барак эчак билип алып, чабуулду токтотот. Каршылаштар жоготууга учурап, чегинүүгө мажбур болушат. Айылына келип, «булар кантип билип калды?» — деп сураштырса, бир чоочун кичине бала сөз болуп жатканда колго суу куюп жүргөнүн эстешет. Ал кимдин баласы экенин териштирсе, ошо Бокотой, Барактан чыккан экен. Ошондон кийин, булардын кичине баласынан баштап тың экен дешип, каршылашпай калышыптыр. Өз ара маанилүү иштерди сөз кыла баштаганда — «ой, Бокотой, Барактан киши жокпу? Карагылачы?» — дешчу экен. Ал кийин тамашага айланыптыр.

БЕШ АТА КОЖОЯР                       (Мазмунга)

Жогоруда айтылгандай Кудаш менен Култай, калмактарга каршы жортуулда Анжай аттуу бир баланы ала келишет эмеспи. Ошол Анжайга сары айгырдын үйүрүн берип, Бөлөкбайды (Ынжайды) алып келерде, хан Давастын кызы Анарды алып берет. Келин Анжай менен бир жарым жылча жашап, боюна болуп калат. Айылдагы келин-кесек, катын-калачтар Анарды кулдун аялы, күң деп кордошконуна чыдабай, «баласы деп алдап кулуна алып бериптир» деп атасыныкына качып кетет. Атасыныкынан төрөгөн баланын атын Алдаяр коет. Хан Давас Кудашка аябай катуу таарынат.

Кудаш курдашыныкына бир канча жолу киши жиберсе да Анар келбейт. Акырында Анар: «кулга барбайм, Кудаш өзү алса барам»,— деп жооп берет. Ошондо Кудаш молдодон шариятка жатабы деп сураса, «Анжай өз балаң эмес, нике жүрө берет» — деген жоопту алат да, Анарды алганга макулдугун берет. Антпеске айласы жок эле. Себеби, хан Давас мени мазактап, кулуна кызымды алып берет, эми элин чаап алам деп коркута баштаган эле.

Ушундан кийин Анжай бир жагынан таарынып, экинчи жагынан уятына чыдабай тентип кетет.

Кудаш шаан-шөкөт менен кайра, өзү барып, Анарды алып келет, нике кыйдырат. Өзүнчө өргөө тигип, түтүн кылат. Бир жылдан кийин Анар Кудаштан эркек бала төрөп, атын Кожояр коюшат.

Кудаш Алдаярды алдына алып, эркелетип отуруп, «кулдан калган кулчам» деп коет. Ошондон улам Кулча атка конот.

Кожоярдын торт баласы: Коңураш, Ырыстай, Эсентүгөл, Эсенбайга кошулуп, Кулча беш ата Кожояр болуп жүрүшөт. Алар Кожояр, Он жети карагай, Көк-Дөбө, Чет-Байсоорун айылдарына отурукташат.

Алдаярдан (Кулча) Кедей, Кедейден Бокчу. Бокчунун биринчи аялынан Каржолу, Кулжачы, Жамгырчы. Ал эми Асказан алып берген аялынан Мамбет, Атаке деген эки балалуу болот.

Коңураш Кожоярдын эң улуу баласы. Анын аты кийинчерээк Асказан деп аталып калган... Себеби Коңурат өтө мергенчи адам болгон. Кийикке чыгаарда казаныңарды асып, сууңарды жылытып тургула деп кетет да суу ысыганча кийикти атып келгенге үлгүрчү экен. Жалаң кийиктин эти менен кошуна-колоңуна чейин багат. Мына ошондуктан Асказан атка конот.

Асказан эки-үч аялдуу, мал жандуу болуп, калмактан барып бука кийик атып баатыр атыгып турганда, солто Токторбай баатыр Асказан менен бир кармашып көрсөм деп, аны аңдып калат. Асказан муну билип калып, «Токторбайдын жүз колу шайма-шай, баары жарак-жабдыктуу, менин эмнем бар, бар болгону үч иним. Алар менен Токторбайга чамам келе албайт, андан көрө Челекке түшүп кетейин»,— деп «Сүттүү булак» ашуусун аша качат. Ашуунун түбүнө барганда Асказандын бир төөсү семиздеп жүрбөй калат. Асказан төөнүн жанында болуп эс алдырып акырын айдап, ашып келгин деп Эсембайды калтырат өзүлөрү ашууну ашып кетишет. Көч кеткенден кийин Эсембай төөнү жыгып төрт аягын бууп алып, так көтөрүп ашуунунун белине чыгып жөнөйт. Эсембайга жардамга деп жиберген Ырыстай ашуунун белине чыгып келсе, төмөн жактан төөнүн төрт буту асманды карап эле жылып келатат. Эсембай бат эле белге жетип, төөнү акырын жерге коет. Ырыстайдын жанына келип, мени төө көтөрдү деп эч кимге айтпа, айтсаң башыңды жара кармап салам деп эки көзүн чыгара кармайт. Эки көзү чанагынан чыга калганын көрүп Эсем¬бай коркуп кетип, алаканы менен Ырыстайды баса калып, укалап көзүн кайра ордуна келтирет. Ырыстай коркуп калып, эч кимге айтпайт. Айылга барганда эки көзү шишип, ооруп калган экен.

Асказан иниси Эсембайга 6—7 аял алып берет. Баары эле өлүп калат. «Эптеп бир тукум көрсө болот эле» — деп Асказан кайгырып жүрөт. А Эсембай болсо эч камырабай жүрө берет. Күндөрдүн биринде Асказан Бел-Булуңду жайлаган Кулчанын айылын аралатып, төө айдап келатса, кийиз жасап аткан кеп катынды көрүп калат. Катындардын ортосундагы бирөөнүн соорусу кең олбурлуу көрүнөт. Үйүне келип байбичесинен олбурлуу кара аял ким деп сураса: «Ой ал Бокчунун байбичеси эмеспи, эмне экен» дейт. «Бокчунун байбичеси болсо сен сүйлөшүп көрчү, Эсембайга жарар бекен» деп байбичесине буйрук берет. — «Ой ошону алып бересиңби, Бокчунун андан уч баласы бар эмеспи» десе Асказан — «эчтеке эмес, Эсембайга жараса болду, Бокчунун жайын табарбыз» — дейт. Байбиче барып сүйлөшсө, аял жумулуп кетет да макулдугун берет. Асказан Бокчуну чакырып, «Сен аялыңды Эсембайга бер, мен сага кыз алып берем» дейт. Бокчу макул болот. Мына ушинтип Эсембайга ылайыктуу аял табылган экен. Ошол аял Эсембайга Ырысбай, Ормотой деген уулдарды төрөп бериптир. Ал эми Кулчанын Бокчусу кийинки алган кичуу аялынан Мамбет, Атыке деген эки балалуу болуптур.

СӨ3 АЯГЫ                       (Мазмунга)

Жогоруда айтылгандардын канчасы чын, канчасы калп экенин бир кудайдын өзү билээр. Биздин максат — илгертен берки элибиздин санжыраларын сактап, ооздон оозго айтылып келгендерин жыйнап, бир иретке келтирүү эле. Колуңуздардагы чакан эмгек — бул чоң иштин башаты. Ал канчалык деңгелде ишке ашканы азиз окурманым, сиздердин сыныңыздарга тартуу.

Эл макалында «Көч бара-бара түзүлөт» деп айтылат эмеспи. Буга биз «Көп түрүксө көл болот» дегенди эскертип койсок ашыктык кетпес. «Өлбестү кудай жасабайт, сынбасты уста жасабайт», кемчиликсиз иш болмок беле. Анын сыңарындай «Саяктын санжырасынын» биринчи бөлүмүн окугандар кемчилигин издебей, билгенин кошумчалап, так эмесин тактап берсе ырахмат айтабыз. Арбактар ыраазы болоор.

Жашыл тоо башын кар чалса,
Жаның неге кашайбайт.
Кара тоо башын кар чалса,
Калкың ыйлап үн салса,
Каның неге кайнабайт.

Өзүбүздүн унутта калган мурасыбызды жандандырсак, салт-санаабызды, үрп-адатыбызды унутпасак, кыргыздын кыргызчылыгын билдирип, ар бирибиз жок дегенде жети атабызды билип жүрсөк, пейилибиз оңолуп, жарык дүйнөдөн көзү өткөн ата-бабаларыбыздын арбагы колдоор. Анда эмесе, Ак жол каалап, бул Башатка батаңыздарды берип коюңуздар.

Оомийин!


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ