М  А  З  М  У  Н  У

С Х Е М А Л А Р Д Ы Н      Т И З М Е С И
  • Токтош Чомон Чоңмурун
  • Токтош Чомон Сарымсак Ажыбек
  • Токтош Чомон Аали Орозали
  • Токтош Чакай Кардыкан
  • Токтош Боркой Назар
  • Токтош Боркой Назар
  • Токтош Боркой Мөңкөн Туйбас
  • Токтош Боркой Байбол
  • Токтош Эшкул Калеш
  • Токтош Эшкул Жоошбай
  • Токтош Эшкул Чычалак
  • Чокубаш Алдаш Татик

  • Чокубаш Үчкемпир Уулжан
  • Чокубаш Акбото Абдыкерим
  • Чокубаш Күңеш Кошу
  • Торойчу Бозкөз
  • Торойчу Намазбек
  • Торойчу Эрмек Коёш
  • Торойчу Эрмек Жумаш
  • Коңкош Жаанбай Козу
  • Коңкош Жаанбай Козу
  • Коңкош Жаанбай Сакы
  • Коңкош Жаанбай Сакы
  • Коңкош Жаанбай Мады

  • Коңкош Жаанбай Кашкар Ыман
  • Коңкош Жаанбай Кашкар Ыман
  • Коңкош Жаанбай Кашкар Сеит
  • Коңкош Жаанбай Кашкар Ороз
  • Коңкош Маңсыр Бокчуман
  • Коңкош Маңсыр Олжобай Шер
  • Коңкош Маңсыр Олжобай Шер
  • Коңкош Маңсыр Олжобай Жанболот
  • Коңкош Маңсыр Олжобай Теке
  • Коңкош Маңсыр Олжобай Ашыр
  • Коңкош Маңсыр Жанике Жакшылык

    •           * Көчмөн кыргыз элинин эң баалуу жетишкендиктеринин бири – бул санжыраны миңдеген жылдар бою турмушунда терең колдонуп келгендиги. Санжыранын жардамы менен дээрлик баардык маселелер туура чесилген. Элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери санжырага кызыгуу күчөп, ар бир кыргыз өзүнүн ата-бабалары жөнүндөгү маалыматты кыйла эле билип калды. Бул китеп коммунисттердин идеологиясы күчөп турган кезде жазыла баштап, 2012-жылы аягына жетти. Китеп Баргы, Бөрү, Жору уруулары жөнүндөгү санжыраны кенен камтыйт.




                          СӨЗ БАШЫ                                                                                                           (Мазмунга)

           Ушул тетрадка жазылган эстелик үчүн элдин урууларынын Атадан атага (балага десе керек) бөлүнүшүн жазуу 1957-жылы башталып 1970-жылы бүттү. Башталышы

                          ПЕРЗЕНТТЕРИМЕ НАСЫЯТ!                                                                                                           (Мазмунга)

           Уулум, эсиңе тут: эки тараптан тең сенин ата тегиң, урук-тууганың таза жана бедели улук адамдар. Чоң атаң Жусуп Бердике бийдин небереси, Жунус, Мырза, Осмон, Маметиса менен бир тууган. Менин чоң энем Тоту - Алымбектин кызы. Жорудагы Кожояр уруусунан. Чоң атамдын энесинин (Ажардын) атасы Кожояр, туп атасы - Айжору болгон. Сенин энең Маарпат Ысмайыл Акимбай уулунун кызы. Таятаң Кулмамет, Эшмамет, Бекмамет менен бир тууган. Менин таенем Айти чечендин кызы Бедел деген. Өзүмдүн энем Бапа — Молдо Кыдыралинин кызы болгон. Таятам - Кыдырали, Таажинин уулу. Бир туугандары: Абдылда, Молдоке, Нуркул, Кадырали. Ал эми Таажи болсо Паиз, Мыяр, Кудаке, Малабай менен бир тууган, Жамаке байдын балдары. Уулум! Ата-энеңдин кадыр-баркын билгин. Ар дайым мен сенден жакшылыктын жышаанын, зиректикти сезем. Ошондуктан сага насаат айтып өтүүнү өзүмдүн милдетим деп эсептеймин. Баамчыл, зирек болгун - бул дүйнө бир аманат жай эмеспи!
           Эмнени эксең - ошону оросуң.
      Эмгектенсең үзүрүн көрөсүң. Кандай сөз сүйлөсөң, ошонун жообун угасың...
           Менин көзүм өткөндө ойлоноорсуң: «насаатын эске албапмын» - деп.
           Анда кеч болуп калышы мүмкүн. Баамчыл, зирек болсоң, өзүң жөнүндө да ойлоноорсуң.

                          АКЫЛ ӨСТҮГӨН ЭЛДИК ДААНЫШМАН ОЙЛОР                                                                                                           (Мазмунга)

           ххххх

                          ЭЛГЕ КАТ                                                                                                           (Мазмунга)

           ххххх

                          МЕН 19-АТАМЫ БИЛЕМИН                                                                                                           (Мазмунга)

           ххххх

                          УРПАКТАРГА РУХ МУРАСЫ                                                                                                           (Мазмунга)

           ххххх

                          ТҮЗҮҮЧҮДӨН                                                                                                           (Мазмунга)

           ххххх

                          САНЖЫРАГА БИР ОЙ                                                                                                           (Мазмунга)

           Кыргыз элинин өзгөчөлүктөрүнүн бири өз санжырасын кылымдан кылымга оозеки сактап келгендигин мезгил айкындап турат. Ар бир пендеге Кудай буюрган заман, мезгил туура келет турбайбы, бири кычыраган чилдеде, бири жаркыраган жайда, бири күркүрөгөн күздө жарык дүй нөгө келген сыяктуу ар- бирибиз Алла Тааланын айткан күнүн көрүп, буюр¬ган ырыскысына ээ болот экенбиз. Мына бүгүн кечээги дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн СССР аттуу Мекенибиз жок. Ошол мезгил бирөөлөргө бакыт, теңчилик, эркиндик алып келсе, кээ бир адамга кайгы, кордук алып келгендиги айдан ачык эле баарыбызга белгилүү го.
           Биздин айта турган оюбуз ал заман тууралуу эмес, бирок өткөн бийликтин ар бир адамдын жашоосуна, анын (пенде) инсан катары калыптанышына таасири күчтүү болгондугун эске алып, бүгүнкү күнү өткөн мезгилди, ошол учурдагы жашоонун өйдө- төмөнүн серепке алганда аргасыздан ал доордун көп эле, жөнөкөй адамга түшүнүксүз, адамдын ички жандүйнөсүн кыинаган оорчулугун сезесиң.
           Ан эмесе сөз мындай, урматтуу окурман!
           Ушул, сиздин назарыңызга салып жаткан санжыраны эл оозунан чогулткан биздинатабыз Жусупов Токтомамет (эл ичинде Токон аке деп айтышчу). 1927-жылы (коен жылы) толук жаз келгенде май айында жарык дүинөгө келген экен.
           Атасынын жалгыз уулу болгондуктан эрке болуп чоңоюптур. Атасы Мамыр уулу Жусуп, Алайку өрөөну боюнча бирден бир кат-сабаттуу болгондугунан жана зендүүлүгүнөн, ата-бабасы бай-бийлерден болсо да Совет бийлигине кызмат кылып, өз районунун Кеңешине катчы, Алайку өрөөнүндөгү колхоздорго башкарма болуп иштеп келген.
           Чоң атабыз Жусуп ошол мезгилдеги кыргыз элиндеги жүргүзүлгөн борбордук бийликтин саясатынын курмандыгы болгон. «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей өзү менен чогуу жүргөн «кыкеңдер» кылаарын кылышып болбогон шылтоо менен 15 жылдан ашуун колхоздорго башкарма болуп иштеп Совет бийлигине кызмат көрсөткөн адамды кандуу согуш башталган 1941-жылдын август айында камакка киргизип 1942-жылдын май айында 6 жылга эркинен ажыратат.
           Атасы Жусуп камалганда уулу Токтомамет 14кө чыккан болот. Боконосу ката элек, кечээги эрке баланын башына жашоонун согуш мезгилдеги түйшүгү толугу менен түшөт.
           Атабыз ошол мезгил тууралуу эч бир эскерип сүйлөгөнүн уккан жокпуз. Мүмкүн атабыз үчүн эртелеп жетимчиликтин азабын тартуу өтө оорго түшсө керек?
           ...Чоң атабыз Мамыр уулу Жусуп 1989-жылы то¬лугу менен акталган. Өз элинин сунушу боюнча Жу¬суп Мамыр уулу өз колу менен күрүп кеткен мектепке ал кишинин аты коюлду.
           Эмесе санжыра жөнүндө.
            «Мен бул санжыраны 1957-жылдан баштап чогулта баштадым», - деп жазат атабыз өзүнун санжы¬ра жазган дептеринин алгачкы беттерине.
           Бул мезгил атабыздын Совет районундагы Ленин атындагы колхоздун башкармасы болуп иштеп турган убагына туура келет.
           Коммунисттик идеологиянын тоскоолдугу тургай, улутчул деген күнөөлөнүүдөн коркпостон кыргыз санжырасын топтоого аракет кылуу өтө эле чоң эр-дик болсо керек.
           Бул санжыранын көпчүлүк бөлүгүн атабыз Сасилов Күчүк жана Акимбаев Кулмамет аттуу адамдардын оозунан угуп, жазып алганын да белгилеп кетет.
           Негизи Кыргыз санжырасы тууралуу китеп алгач басмадан 20-кылымдын башында Уфа шаарынан Молдо Сыдыков (тактоо керек) авторлугу менен жарык көргөндүгүн билебиз.
           Бир өкүнүчтүү жери ал киши (Сыдыков) эмне себеп менен андайча жазганы белгисиз, Түштүккө (Ошко келгенин бирок Адигинеден таркагандардын санжырасын эч ким билбестигин жаш Жунус аттуу молдо санжыра тургай, кыргыз болуп калганына өкунгөндүгүн жазат).
           Бул чындыкка окшобогон нерсе, эмне болгондо да, ал кишинин арбагы ыраазы болсун, бул ойдун чын же калп экендигин териштирүүнүн кажети жок деп ойлойм. Себеби Адигине уруусунун Санжырасы бар, биздин атабыз чогулткан Санжыра аны толуктайт.
           Дагы бир ой: Санжыра илгертен бери кыргыз элин бириктирүү идеясын коргоп келген. Санжыра ошол кыйын кезеңдерде кыргыздарды бириктирген, кыргызды чогулткан, ыркырап чачырап жок болуп кетүүдөн сактаган.
           Санжыра ар бир адамдын өзүнүн элинин алдында жоопкерчилигин күчөткөн, туура эмес иш жасаган адам өзүнө гана эмес элине да наалат алып келген.
           Санжыраны билүү бул бөлүнүп жарылуу эмес, тескерисинче, өзүңдүн ким экениңди билүү менен бирге калган урук-тукумуңду сыйлоо, урматтоо.
           Азыркы кыйкырын заманда кээ бир саясатчылар санжыраны өзүн өзү мактоо, же болбосо бөлүнүп-жарылуу максатында көбүрөөк пайдаланып келишет. Бул туура эмес. Силердин көңүлүңөргө бурулган Санжыра боюнча Адигине менин 16-чы атам. Адигине менен Тагай бир тууган болгон. Эмне үчүн мен Тагайдан таркагандарды тууган көрбөшүм керек? Эмне үчүн мен Тагайдантаркагандарга бөлөк болушум керек? Эмне үчүн мен өз атамды сыйлашым керек, а чоң атамды сыйлабашым керек? Андай болсо менин эмнем адам? Эмне үчүн мен 16-Атамы сыйлашым керек дагы 50-же 100-же 210-кыргыз деген түпкү атамы сыйлаба¬шым керек?
           Цивилизациянын бүгүнкү күнүндө Кыргызстан бир гана кыргызга керек, Кыргызстан болот эгерде кыргыздарда биримдик болсо!
           Урматтуу окурман!
           Сизге сунуш кылынган кыргыз санжырасынын кичине бир бөлүкчөсү. Булак чогулуп дайра болот, дай¬ра чогулуп деңиз болот дегендей Сиз да мүмкүн окуп чыгып өз сунушуңузду же кошумча-алымчаңызды айтасыз. А балким чогулуп, бул санжыраны кеңейтип, оңдоп кайрадан окурмандарга сунуштайбыз.

           Сиздерди урматтоо менен Үсөнакун Жусупов.

                          СОҢКУ СӨЗ                                                                                                           (Мазмунга)

           Бул китепти окуп чыккан соң, канча маалымат, кайсыл жактан келгендиги ар бир китеп окуучуну кызыктырары боло турган нерсе. Албетте, жогоруда айтылгандай атам Жусупов Токондун санжырачы болуусуна алгачкы түрткү болгон киши бул – Күчүк аксакал. Сасилов Кучук аксакал: «Токон, сен биздин балдардын арасынан идиректүү болуп өсүп келе жатасың, анан менин байкаганым сенин «куйма ку¬лак» экендигиң көрүнүп турат» деп атама алгачкы жолу санжыраны айтып берип, жаздырган экен. Атам көп айтчу: «Мендей «актив» болуп иштеген биздин Токтош уулунун балдарынан бир канча элек. Эмнегедир, Кучук аксакалдын мени жактырып калганына тан, калчумун» - деп.
           Кыргыздын улуулугу ушунда тура, окурман! Бир уруунун балдары, Кудайга шугур, арбын эле болот эмеспи! Ошолордун арасынан нускалуусун, «куйма кулагын», атадан балага калып келген баа жеткис мурасты улантууга жөндөмдүүсүн тандап алганын көрүң! Атам бул санжыраны бир уруу эле боюнча эмес, жалпы Алайку өрөөнүндө жашагандар боюнча түзгөн. Кийинчерээк, райондун борборуна кызматка которулганда район боюнча, ал эми совхоздун селекционер-зоотехниги болуп иштеп жүрүп, командировкага байланыштуу бүткүл Кыргызстанды кыдырган мезгилде – кыргыздын Ак уул, Куу уул сыяктуу эң ириуруулары жөнүндөгү маалыматты топтогон.Таңсыктыгына, жетишсиздигине карабастан бир ка¬тар адабияттарды окуп чыгып, Санжыраны кичинеден жыйноо менен тынымсыз жасаган аракеттердин акыбети кайтып акырында чоң эмгек жараткан.
           Бул китепте негизги маалыматтар Адигинеден жана анын Адык (Оодук) баласынан тарагандар жөнундө берилгени менен атамын дептерлеринде Оң, Сол баяны абдан көлөмдүү түрдө түзүлгөн. Ооба, биз атам пайдаланган адабияттардын тизмесин бере алган жокпуз, ал эми атам кимдерден оозмо-ооз сурап, кайсы санжырачыдан маалыматтарды алгандыгы китепти сыдыра окуп чыккан окурманга түшүнүктүү. Бул китеп Санжыранын (атам түзгөн) биринчи чыгарылышы. Кийинки чыгарылыштарда жогоруда айтылган дептерлерден алып жана келип түшкөн сунуштардан болушунча тактап чыгып, китепти дагы көлөмдүүрөк, дагы кызыктуураак чыгарууга аракеттенмекчибиз.
           Айтмакчы, Оодук (Адык) атабыз жөнүндө: биз Адигиненин Оодугунан тараганбыз. Ал Бөрү, Сарттар, Бек, Жолжакшы менен бир тууган болгон деп айтылчу экен илгери. Атам бул сөздү Күчүк акеден эле эмес, атамын (Жусуп чоң атам жөнүндө сөз болуп жатат) оозунан да көп уккамын деп айтчу. Бир катар адабияттарды карап чыгып, Адигиненин уулу Баргы деп айтылып, Адык айтылбаганынан бул аттар бир эле кишиге тиешелүү го деген ойго келесиң. Жолжакшы асмандагы жоруну атып түшүргөндөн кийин Жору аталып калган эмеспи, бул да ошол сыяктуу эле болсо керек.
           Бул Санжыраны иштеп чыгууну КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери агам Кенжеев Токтогул баштаган эле. Аягын мен тактап, тескеп, азыркы муундар менен толуктоону жыйынтыктап жатып, өзүмдүн чындыгында башкалардан (балдарынан) атама жакын экендигиме бир чети таңдансам, бир чети сыймыктанып отурам. Себеби, кесибим ветврач болуп, зоотехник атама кесип жагынан жакын болсом, экинчи жагынан, Алайкуда жалпы эсептегенде атам менен Айыл чарба институтун аяктагандан кийин 14 жыл чогуу жүрүптүрмүн, анын ичинде бир совхоздо 7 жыл чогуу иштедим. Атам атты минип бастырганда мен көбүнчө артынан жүрчүмүн. Болушунча алдыга чаап кетпегенге аракеттенчүмүн. Атам атка минип бир жакка жөнөгөндө колтугунан жөлөп атка мингизип, бара турган жерге жеткенде, аттан ыргып түшүп, аттын суулугунан кармап, атамды колтуктап аттан түшүрчүмүн. Ошентип чогуу жүрүп атамын эл арасындагы үлгүлүү иштерине көп ирет күбө болгонмун. Ошол себептенби, айтор, ушул Санжыраны иштеп чыгуунун ардактуу вазифасы менин бешенеме туш келгенине эбегейсиз сыймыктанамын. Ал эми бул Санжыраны компьютерге түшүрүп, уламдам-улам оңдоолорго, түзөтүүлөргө чоң жардам берген кызым Айжаркындын эмгегин да айтпай коюуга болбойт.
           Беш жашында чоң ата, чоң энеси менен жайлоодо чогуу жүрүп, аларга булактан суу ташып берип, батасын алган кызым Айжаркын эми мынабу чоң атасынан калган мурастарды иреттеп, компьютердин экранына тизип олтурушу да алкоого арзырлык көрүнүш.
           Жогорудагыдай ой чабытын жүргүзүп жатып кыргыздын «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны» - деген нускалуу сөзүндө катылган сырдуу милдеттерден мен аздыр, көптүр аткарганмын го де¬ген пикирге келдим
           Эсимде, Күйө-Ташта бир карыянын тажиясы болуп, андан кайтып келе жатсак, чогуу келе жаткан жигиттер: «Токон аке, Чомон чоң атанын мүрзөсүн сиз билет экенсиз, көрсөтүп койбойсузбу бизге деп калышты. Атам кошо ат бастырып келе жаткан өзүнөн 10 - 15 жаш улуу аксакалдардан «кимиңер билесиңер? » - деп сураса , баары баштарын шылкыйтышты. Ошондо атам Ак бейит мүрзөсүнүн тосмолорунун сыртында (эмнегедир?) жайгашкан Чомон чоң атабыздын мүрзөсүн көпчүлүккө көргөзүп берген. Баарыбыз чогуу аттан түшүп, куран окуп, андан соң аттанып жол улап кеткенбиз. Атам бир эле Чомон чоң ата эмес, бир топ чоң аталардын мүрзөсүн билчү эле. Ал түгүл Кытайда кайсыл чоң атабыздын кабыры, кайсыл жерде деген суроолорду аксакалдардан, Кытайдан келип кеткендерден сурамжылап, тактап жүрчү. Атам бир эле ата бабалардын мүрзөсүн, Санжырасын тактоо менен чектелбестен, бир катар жер аттарынын, адамдардын аттарынын келип чыгыш тарыхын да тактап чыккан. Менин филология илимине жакындыгым деле жок, бирок кыргыз филологдору жана бир катар окумуштуулар Алайку деген сөздүн уңгусун тээ түрк же фарсы, дагы бир башка элдердин сөздөрүнөн издеп, илимий жактан изилдедик деп гезиттерге басылганына мен өзүм да бир нече ирет күбө болгонмун. Алайку деген сөз Ала жууку - деген кыргыздын эле сөзүнөн келип чыгыптыр. Ала жууку, ала шалбырт деген маанилеш сөздөр азыркы учурда азыраак пайдаланылып калган кыргыздын сөздөрүнөн эмеспи. Ал эми бул сөздүн келип чыгышы Алайкуда жашаган элдин ошол жакка көчүп баргандагы тарыхына байланыштуу жана кеңири сөз кылууга татыктуу. Мисалы, Сабаярды деген жердин аты Сабаа жарды деген сөздөн келип чыккан.
           Алайку - Ала жууку
           Сабаярды - Сабаа жарды.
           Эки сөздө тең бирдей «ж» тамгасы «й» тамгасына өтүп кетип, натыйжада башкача угулуп калып, ошол боюнча жазылып калгандыгы далил болуп турбайбы. Бул сөздүн келип чыгышын да атам Кытай, туугандардан сурап, тактаган. Бизге орус тамгасы келип, көп сөздөр өзгөрүлүп кеткен. Ал эми Кытайдагы кыргыздарга уйгурлардын таасири тийгени менен көпчүлүк эски сөздөр, айрыкча жер аттары мурдагы боюнча сакталып калыптыр. Кытайлык кыргыздар Алайкуну Ала жууку дешет экен. Ал эми Алай - Куу деп жазылыш таптакыр туура эмес. Албетте, атам жөнүндө айта берсем сөз арбын. Санжыраны жана Санжыра түзүүчүлөрдүн жазгандарын, ошондой эле замандашы Мамытов Сейтакундун “Элге кат” аттуу ырын окуп чыгып атам менен кеңири тааныш болдуңуздар. Бул китепте атамын өмүр баянын адаттагыдай кылып берген жокпуз. Ал эми атам Жусупов Токтомамет (Токон аке) жөнүндөгү эл оозундагы сөздү жыйнап басмага бергенде, өзүнчө бир китеп болоору айныксыз.      Санжыраны иштеп чыгууда жардам бергендер:
           Торойчу уруусунун аксакалы Жоро акеге, жана төмөндөгүлөргө: Пактакунов Моңолбайга, Үркүнбаев Жумалиге, Маметыса уулу Асилбекке, Кидиков Маметысага ж. б. бир топ адамдарга ыраазылык билдиремин.
           Ал эми бул санжыра китепти жарыкка чыгарууда бир топ акыл- кеңештерди берген Кадыров Жумадинге жана басмадан чыгарууда эбегейсиз зор көмөк көрсөткөн Мукай Асан уулуна чын дилимден ыраа¬зылык айтып, ар дайым иштеринде ийгилик коштоп жүрсун деген тилегимди билдирем.
           Дагы бир жолу сиздерден Санжырадагы кетирилген кемчилдик боюнча кечирим сурайбыз. Сын пикирлерди, толуктоолорду кабыл алабыз. (Дарегибиз китептин баш жагында берилген) .

           Элибиз аман, жерибиз бүтүн болсун. Кыргыз элимде тынччылык болсун!.
           Сиздерди урматтап Жусупов Эркинбек..



                          Токтош Чомон Мотой                       (Тизмеге)                                                      Токтош Чомон Осмон                       (Тизмеге)


                          Токтош Чомон Абдрай                       (Тизмеге)                                               Токтош Чомон Байыз                       (Тизмеге)


                          Токтош Чомон Таажы                       (Тизмеге)                                                 Токтош Чомон Мыяр                       (Тизмеге)


                          Токтош Чомон Кудаке                       (Тизмеге)                                                Токтош Чомон Малабай                       (Тизмеге)


                          Токтош Чомон Кабыл Эрали Курман                       (Тизмеге)                                                 Токтош Чомон Ыбыр                       (Тизмеге)


                          Токтош Чомон Бердике бий Мамыр                       (Тизмеге)                                          Токтош Чомон Бердике бий                  (Тизмеге)


                          Токтош Чомон Чоңмурун                       (Тизмеге)                                        Токтош Чомон Сарымсак Ажыбек Кенжебай                     (Тизмеге)


                          Токтош Чомон Аали Орозали                   (Тизмеге)                                      Токтош Чакай Кардыкан                   (Тизмеге)


                          Токтош Боркой Назар                   (Тизмеге)                                             Токтош Боркой Назар                   (Тизмеге)


                          Токтош Боркой Мөңкөн Туйбас                   (Тизмеге)                                    Токтош Боркой Байбол                   (Тизмеге)


                          Токтош Эшкул Калеш                   (Тизмеге)                                           Токтош Эшкул Жоошбай                   (Тизмеге)


                          Токтош Эшкул Чычалак                   (Тизмеге)                                        Чокубаш Алдаш Татик                   (Тизмеге)


                          Чокубаш Үчкемпир Уулжан Эшимбек                   (Тизмеге)                                     Чокубаш Акбото Абдыкерим                   (Тизмеге)


                          Чокубаш Куңеш Кошу                   (Тизмеге)                                           Торойчу Бозкөз                   (Тизмеге)


                          Торойчу Намазбек                   (Тизмеге)                                               Торойчу Эрмек Коёш                   (Тизмеге)


                          Торойчу Эрмек Жумаш                   (Тизмеге)                                        Коңкош Жаанбай Козу                   (Тизмеге)


                          Коңкош Жаанбай Козу                   (Тизмеге)                                         Коңкош Жаанбай Сакы                   (Тизмеге)


                          Коңкош Жаанбай Сакы                   (Тизмеге)                                        Коңкош Жаанбай Мады                   (Тизмеге)


                          Коңкош Жаанбай Кашкар Ыман                   (Тизмеге)                                     Коңкош Жаанбай Кашкар Ыман                   (Тизмеге)


                          Коңкош Жаанбай Кашкар Сеит                   (Тизмеге)                                     Коңкош Жаанбай Кашкар Ороз                   (Тизмеге)


                          Коңкош Маңсыр Бокчуман                   (Тизмеге)                                       Коңкош Маңсыр Олжобай Шер Мамай              (Тизмеге)


                          Коңкош Маңсыр Олжобай Шер Мамай                   (Тизмеге)                                   Коңкош Маңсыр Олжобай Жанболот                   (Тизмеге)


                          Коңкош Маңсыр Олжобай Теке                   (Тизмеге)                                     Коңкош Маңсыр Олжобай Ашыр                   (Тизмеге)


                          Коңкош Маңсыр Жанике Жакшылык                   (Тизмеге)                                                                             ххх                   (Тизмеге)



    Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
    Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ