М А З М У Н У

ҮСӨЙҮН АЖЫНЫН САНЖЫРАСЫ (автордон)                       (Мазмунга)

Кыргыз улуту узун тарыхка ээ байыркы улуттардын бири. Бир улуттун келип чыгуу тарыхы, урууларга бөлүнүшү, турмуш жагдайы, салт-санаасы, маданияты жана диний ишеними жөнүндөгү илимдерди үйрөнүү, изилдөө маркстик коомдук илимдин зарыл бир бөлүгү.

Улуу Ата Мекенибизде жашап келе жаткан кыргыз улуту узун тарыхка ээ. Бир улуттун байыркы замандан азыркы заманга чейинки тарыхын жазып чыгуу татаал иш болсо да, мен илим жолунда изденип жүргөн замандаштардын шыктандырышы, жардам бериши аркасында, талапкерлердин талабын кандыруу, ошондой эле аз болсо да кытай кыргыз элинин санжырасына чыйыр жол салуу үчүн бул илимий эмгекке киришип, узун жыл тер агызуу аркылуу колуңуздардагы «Кыргыз санжырасын>> жазып чыктым.

Бул санжыраны жазып чыгууда, алды менен кытайча, арапча, түркчө, уйгурча басма, жазма тарыхый материалдардын кыргыз улуту жөнүндөгү эстеликтерине негиздендим. Жана бир тараптан «Манас дастанын жыйноодон, эл ичинде санжырадан кабары бар карыялар: Улуу-Чат ооданынан — Эшмамбет, Абдракман, Өмүракун; Каражүл Шаңынан — Токтосун, Жапар молдо; Акчий ооданынан — Түлкү, Эметакун, Мамбетаалы, Төрөкан, Жусуп, Султан Аалы; Ак-Тоодон — Жээнбекмолдо, Мамбет Айса, Аким Шерип сыяктуулардын айткандарынан, ошондой эле Кыргызстан тарыхынан пайдаландым. Кайта-кайта салыштыруу, изилдөө аркылуу айтылган аңыздарды бирдикке келтирип бул китепти жазып чыгып, журтчулукка бул илимий эмгегимди сундум, талаптагыдай болуп кеттиби же жокпу аны келечек көрсөтөр, айтор ушул илим жолунда изденип жаткандардын жана жалпы окурмандардын кемтик жерлерине пикир, сын беришин суранам.

КЫРГЫЗ УЛУТУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ ЖӨНҮНДӨ                       (Мазмунга)

«Санжыра» тууралуу кыскача баян.

Санжыра же сажыра арапча «шежере» деген аталмадан келип чыккан. «Шежере» бир түп дарак деген сөз.

Баарыбызга белгилүү, дарактын тамыры бир болсо да, андан бир канча чоңураак бутак, ал чоң бутактан бир канча орто бутак, орто бутактан бир канча майда чырпыктуу бутак шактап, айрылып чыккандай, адамдардын негизги түбү бир болсо да андан бир нече бала, ал балдардан бир нечелеген балдар айрылып урууларды, уруулар биригип улутту түзөт. Уруулардын жана улуттун келип чыгышы да дарактын шактап айрылышына окшогондуктан буга «шежере» деп наам берилген. Муну биз өз тилибизге багындырып «санжыра», «сажыра» деп жүрөбүз.

Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү жөнүндө көз караштар

Кыргыз улутунун түп-негизи бар, бу түп-негиз жөнүндө бири бирине окшобогон санжыралык көз караштар төмөнкүлөр:

1. Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү (жылдызы) түрк деген караш. Башка элдердин санжырачыларынын айтышынча жана тарыхый материалдарга негизделгенде, түрк кыргыз улутунун түпкү дүмүрү экендиги анык. Түрк деген аттын кайдан келип чыккандыгы жөнүндө азырга чейин бирдикке келген көз караш жок. Тек гана, диний-тарыхый карашта Нух пайгамбар доорунда бүтүн жер бетин топон суу басып кетип, Нух пайгамбардын Хам, Сам, Яфас деген үч уулу, үч келини тирүү калганда башка кишилер бүтүндөй өлгөн экен. Яфастан 8 бала төрөлүп, чоң Түрк экен. Бул аңыздан башка түрктүн дүмүрү жөнүндө илимий негиз жок.

Санжырачылардын айтышынча, түрктүн уулу Түтек, Түтектин уулу Дип Бакуйчан, Бакуйчандын уулу Күйүк-Жан, Күйүк-Жандын уулу Алынчахан, Алынчахандын уулу Муңгулчан, Муңгулчандын уулу Карахан, Карахандын уулу Огузхан бүткүл Азияга хан болгон экен, адилеттүү калкчыл хан болгондуктан 120 жыл өкүм сүргөн экен. Анын доорунда эл ичинде бейпилчилик болуп, койдун үстүндө торгой жумурткалаган заман деген ошондон калган экен. Анын өкүм сүргөн территориясы күн чыгыш Моңголия, күн батышы Орол тоосуна чейин созулган болуп, Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы бир жерди борбор кылып турган экен.

Огузхандын чоң катынынан Күнхан, Айхан, Жылдызхан деген уч уулу, кичи катынынан Көкхан, Тоохан, Деңизхан деген үч уулу бар экен. Булардын ар биринен төрттөн бала болуп, Огузхан 24 небере көргөн экен. Огузхандын ушул небереси байыркы түрк урууларынын түзүлүшүнүн түпкү негизи болуп калган. Кыргыз ушул 24 неберенин биринен тараган. Деңизхандын урпагынан экендиги анык. «...Огузхандын Кыргыз аттуу бир небереси бар эле, кыргыздар анын уругунан эле. Могол, татар жана башка уруулардан от, суу издеп айбандарды багуу үчүн кыргыз журтуна барып кыргыз деген атты алды... Кыргыз эли төрөсүн энал дейт эле. Могол менен тажиктер падыша дегендей.» Демек, Түрк кыргыз улутунун түпкү дүмүрү деген караш ар бир элдердин атактуу санжырачылары бирдикке. келген караш.

2. Кыргыздардын түпкү дүмүрү — «кыргез» деген караш. Кээ бир санжырачылардын айтышына караганда, байыркы заман түрктөрүндө Калачхан аттуу бир хан болгон экен. Ал өзү сулуу адам болуп, чаар адамдарды көрсө жаратпай өлтүрүп, баласы чоңойгондон кийин чечек чыгып чаар болуп калыптыр, Калачхан буга арданып кандай кылышын биле албай турганда, вазири «балага 40 кенизек кошуп, адам көрбөгөн тоонун арасына алып барып таштайлы» деп масилет бериптир. Калачхан бул масилетке кошулгандан кийин, чаар баласын 40 кенизек менен адам көрбөгөн тоонун арасына алып барып «кыргез» деп таштаптыр. Алар тоонун арасын мекендеп, кырда кезип жүрүп бала-чакалуу болуптур, урпактары көбөйүптүр. Жылдардын өтүшү менен «кыргез», «кыр киши» деген наам «кыргыз» деген наамга өзгөргөн. «Кыргездер» «кыргыздын» түпкү дүмүрү деген караш. Бул караштын жылдызы жана эле биринчи караштын жылдызына кошулат. Анткени Калачхан түрктүн урпагы.

3. Кыргыз улутунун түпкү дүмүрү — усундар деген караш. Ишеничтүү тарыхый материалдарга негизделгенде, усундар мурунтан эле Тянь-Шандын жергеси менен Иле дарыясынын бойлорунда жашап, кийинчерээк азыркы Чүй дарыясынын боюнда олтурушкан көчмөн эл. Усундардын падышасы Унмаву Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги азыркы Чоң Кызыл-Суу каланын айланасындагы бир жерди борбор кылып турган, жуңголуктар муну чиго мамлекети деп аташкан. Чиго деген аталма ошол кездеги кыргыздар деген сөз болучу.

Ундархан сулаласынын тагына капыстан кол салып, тынчтык бербейт. Туш-туштан куйманын ичине чаап киришип, булаң-талаң кылып турушат, Хен сулаласынын падышасы Хенвуди ундардын чабуулуна тайлаша алчу өзүнө өнөк издеп, мыладиден 138-жыл мурун Жаңчян деген элчисин 300 жоросу менен Усундарга жиберет. Ушул учурда Усундар да Ундардын чабуулуна учурап турган. Бир учурда Ундар Усундарга катуу чабуул жасап, Усундардын падышасы Андорбайды өлтүрөт, журтун булаң-талаң кылат. Андорбай өлөрүндө эми эле төрөлгөн баласы Күнбайды кийизге ороп талаага ыргыттырып жиберет. Муну көргөн бөрү баланы эмизип сүтүн берет, канаттуулар баланын денесине жармашкан курт-кумурскаларды терип жеп тургандын сыртында, эт, суу алып келип берет. Муну көргөн Ундардын падышасы айраң-таң калат, «ыйык» экен деп үйүнө алып кетет, бала өтө кыраан, акылман, баатыр болуп чоңоёт. Ундар анын колунан иш келе тургандыгын билип аскер башчысы кылып дайындайт, бир канча иретке салгылашууда кызмат көрсөткөндүктөн Ундар анын атасынан тартып алган жер-сууну, мал-пулду кайтарып берип, өзүн чепти коргоого коёт. Мына ушул себептүү Усуңдар менен Ундардын ортосунда зор кайчылык бар эле. Жаңчян андан жолго чыгып, Шынчаңга келет, Тарым дарыясын бойлоп жүрүп, Бедел ашууну ашкандан кийин, Усундар оңой эле жетип барат, бул учурда журтуна кайра келип, Ундар талкалаган кичинекей мамлекетин кайра калыбына келтирип жаткан Күнбай Жанчянды кызуу күтүп алат. Анын алып келген соогалаларын кабылдайт. Жаңчян менен бирге келген Малике Шинжүн менен үйлөнүп, падыша хен Уудиге күйөө болот. Ошондон баштап Хен сулаласы менен Усундардын бабаланышы чыңый баштайт. Ошол кезде Усундар мамлекетинин 630 миң жан саны, 18 миң 880 машыккан аскери жана жетерлүү аргымак аттары болгон, согуштук курал-жарактар да көп болгон, көп өтпөй Хенвуди менен күйөөсү Күнбай биригип Ундарга чабуул жасап, бир салгылашууда эле Ундардын 60 миң аскерин колго түшүрүп алган. Ошону менен Ундардын күчү алсыздап парчалана баштады, көп бөлүгү Европага көчүп кеткен. Азыркы Венгрия (Онгирийа) мамлекетин ошолордон калган урпактар түзгөн. Калгандары жерлеринде кала берген. Азыркы моңгулдар, уйгурлар, кыдандар ошолордун урпагы деген божомолдор дагы бар.

Мына ошондон баштап Жуңго мамлекети менен Усундар мамлекетинин өз ара достугу, ишеними, жардамы дагы да күчөгөн. Усундуктар жуңголуктарды көптөгөн аргымак аттар менен камдаган. Жунголуктар Усундарды көптөгөн жибек менен камдаган, өз , ара кудалашуу, достошуу жүргөн.

Эми кээ бирөөлөр «Биз ханзуларга жээн болот экенбиз» деп айтып калышат. Бул кеп кокусунан чыккан кеп эмес. Усундун падышасы Күнбайдын Малике бийкечти алгандыгы, андан башка дагы Усундук жигиттердин ханзу кызын алгандыгы тарыхый чындык. Кылымдардын өтүшү жана согуш, башка себептер менен усундардын барчаланып башкаларга кошулуп кетүү, башкаларды кошуп алуу иштери көп болсо да, Усундуктардын урпагынан кыргыз улуту келип чыккан, мына бул батыш жана чыгыштын азыркы заман тарыхчыларынын бирдикке келген көз карашы. Эми Усундар болсо байыркы шахтардын урпагы, шахтар байыркы түрк урууларынын бири. Жана эле келип кыргыз улутунун түпкү дүмүрү — түрк.

Эми кээ бир тарыхчылар Усундарды казактын ата-бабасы дешет. Мунун тарыхый далили жок. Менин Усундарды кыргыздардын ата-бабасы дешимдеги багытым мына бул: Усундар борбор кылып турган «Пиго» деген жер азыр кыргыздар жашап жаткан Ысык-Көлдүн чыгыш-түштүгү болот. Аны азыркы эл «Кызыл суунун базары» дешет. Ханзу тарыхчылары бул жерди «Кызыл коргон» деп жазып жатышат.

«Кыргыз» деген аталма жөнүндөгү көз караштар

Жогоруда «Кыргыз» деген этнографиялык аттын байыркы заманда эле бардыкка келгендигин баяндап өттүм. Эми ушул аттын кандай келип чыккандыгы, эмне маани бере тургандыгы жөнүндө кыскача токтолом.

Бул жөнүндө элибиздин ошондой эле башка элдердин илим ишмерлери көптөп баш катырып жатат. Алар «кыргыз» деген аталма «кырк кыздан» келип чыккан деген көз караштан кечкенден кийин, изилдөө түйүнүн башка жакка буруу. Алардын «кыргыз» деген аталманын кандай кылып чыккандыгы жөнүндөгү көз караштары төмөнкүлөр:

1. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген аталма «кырк йоз» (кыркы уруу) деген маанини билдирет дешет. Бул Радловдун көз карашы болуп, атактуу тарыхый дастаныбыз «Манаска», дага «кыргыз — кырк уруудан куралган» деген сүрөттөмөгө шайкеш келет.

2. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген атама 40 сандан келип чыккан, Европалыктарда 12 сан, моңгулдарда 9 сан ыйык эсептегендей, түрктөрдө да 40 сан ыйык эсептелет, демек «кыргыз» деген атама «кыркка» «ыз» деген көптүк уландысынын жалгангандыгынан келип чыккан дешет.

3. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген атама «кыргуз» дан келип чыккан дешет. Алар «гуз» деген атама болуп алгачкы уруулардын ууздай уюгандыгын билдирет. Уйгурлар да мурда «9гуз», «10гуз» болгон дешет. Татардын тарыхчысы Ремзи өзүнүн чыгармасында «кыргыздар асылы Огузхан урпагынан болгон түрк урууларынын бири. Ал Огузхандын жакын командарынын уругунан эле, «угуз», «огуздун» кыскартылмасы. Мындай болгондо «кыргыз» деген аталма болсо кыргыздарда жүрө турган «гуздарга» таандык бир аталма болот. Мейли кандай болбосун «кыргыз» демек кырдагы «гуз» дейт.

4. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген аталма «кыр кер» деген сөздөн келип чыккан. «Кыр» деген аталма кыргызча тоонун башы, жонун билдирет. Бул эл тоолорду кезип көчүп жүргөндүктөн «кыр кез»-ге өзгөргөн дешет. Муну изилдөөчүлөрдүн көбү туура көрөт.. Кыргыз тарыхчысы Осмонаалы менен уйгур тарыхчысы кашкарлык Эми Асан казы (1985-жылы дүйнөдөн кайтты) бул көз карашты туура деп карайт.

Мен дагы ушул караштамын. «Кыргыз» деген аталма «кыр кез» деген сөздөн келип чыккандыгы анык.

5. Кээ бирөөлөр «кыргыз» деген аталма «кыр кес» деген сөздөн келип чыккан дешет. «Кес» деген уланды мүчө фарсча «киши» деген маанини билдирет.

6 Кээ бирөөлөр «Кыргыз баатыр эл. Жоокер эл. Ошол үчүн бул элди кырып түгөтө албайсың. «Кыргыз» деген аталма «кыралгыс» деген мааниде, дешет. Бул өтө тайыз божомол, негизи жок. Анткени, «кыргыз» деген этнографиялык ат кыргыздар таптык коомго кире электе, кыргынчылык согуш боло электе эле пайда болгон.

Жогоруда «кыргыз» деген аталма жөнүндөгү түрдүү көз караштар менен өзүмдүн көз карашым үстүндө токтолуп өттүм. Төмөндө кыргыздардын байыркы мекени жөнүндө токтоломун.

КЫРГЫЗДАРДЫН БАЙЫРКЫ МЕКЕНИ                       (Мазмунга)

Кыргыз улуту жана анын мекендешкен журту байыртадан эле ханзу калкына айкын болуп келген. Байыркы заманда алар кыргыздарды кигүн, жанкү, хакас, шакас, жего, хого, зиго, желкис, бойрот деп атап келишкен.

Ханзуча жазылган ишеничтүү маалыматтарга негизделгенде, кыргыздар Сүй сулаласы доорунан кийин, азыркы Алтайдын түндүгүндөгү Энесай дарыясынын башкы агымынын бойлорунда жашап, бул доордо эки ирет хандык курган. Кыргыздардын биринчи хандыгы 51 жыл мурун ундар жеңилген мезгилде курулуп, Ш-кылымга чейин созулган. Андан кийин Сыртар Доштардын кол астында, андан кийин Сиянпы түрктөрдүн карамагында, андан кийин көк түрктөрдүн кол астында болгон. У1-кылымдын аягына келгенде кыргыздар күчөп, мамлекет курган. «У1-кылымдын аягында кыргыздар өтө күчтүү өкмөт уюштуруп, анын чек арасы чыгышта Байкал көлүнө чейин, түштүктө Чыгыш Түркстанга чейин кеңейген... 758-жылы кыргыз падышалыгы уйгурлар тарабынан жоготулду. 840-жылга келгенде уйгур өкмөтү алсыздангандан кийин, кыргыздар кайра өз алдынча боло баштады». Кыргыздар ушул убакта, уйгурларды бүтүндөй Энесайдан Шыңжанга кубалап чыгып, алардын азыркы Шыңжанда болушуна себепчи болгон. Ошондо уйгурлардын ойрондолушуна себепчи болгон киши уйгурлардын Гелбага деген аскер башы кыргыздар менен тил бириктирип, кыргыздардан 100 миң аскер баштап барып, уйгурларды талкалап Шыңжанга кубалаган. Токсун, Турпандагы уйгурлар буга толук күбөө. Ошондо Шыңжанга качып келген уйгурлардын арасында кыргыздар да болгон, ага мисал Турпан, Токсунда да уйгурлардын тил аталмаларында кыргызча сөздөр да бар.

Тарыхый маалыматтарга караганда, кыргыздардын байыркы Ата Мекени Энесай. Энесайдын маанисине келсек, сай же чай деген аталма байыркы түрк тилинде дарыя деген угумду берет. Кыргыздардын орчундуу көпчүлүгү мына ушул Энесайды, сырт жана чыгыш Тянь-Шанды да мекендеген. Аз сандагы бир бөлүм кыргыздар Талас, Бухара, Каратегин айланасында жашаган. «Кыргыздар уйгурларды Энесайдан Шыңжанга кубалап чыкканда түштүккө карап илгерилеп, 840-жылдын баштарында Анши (Кучар) Беш Балктарды басып алган... Кыргыздар бул жайларда өтө актип белсендүүлүк менен кыймылга келген».

Кыргыздар жөнүндө алгач ирет китеп жазган орустун атактуу маманы В. В. Бартольд (1869—1927-жыл) фарс тилинде жазылган «Худудол аалым» («Дүйнөнүн чек аралары») деген китебинде келтирип мындай жазат: «Кыргыздардын бир бөлүгү IX—X кылымдарда Тянь-Шандын башталышында эмес, балким анын чыгышында көчмөнчүлүк менен жашаган...Ошол убакытта Үчтурпан, Ак-Сууларда дагы бар эле.

...Кыргыздар Ак-Суу жактарда уйгурлардан кийин бийлөөчүлүк кылат эле жана «Орто Азияда кыргыздардын Кутчу, Асаке деген эки уруусу бар эле».

Араптардын атактуу тарыхчысы Ибин Халдун (1323— 1406) чыгармасында «Кыргыздар эки орунда — бири түндүктө, бири түштүктө жашаган» деп жазат. Демек байыркы кыргыздардын бир бөлүгү Энесайда жана бир бөлүгү Тянь-Шандын чыгышында жашагандыгы анык.

Ханзуча тарыхый материалдарда байыркы заман кыргыздары азыркы Комул, Курчандын батыш тарабында, ТяньШань тоолорунун, Кара шаардын чыгышында жашагандыгы жазылган. Муну эл оозунда айтылып келе жаткан сөз жана аныкталган далил менен салыштырганда чындыгы далилденип турат. Маселен, азыркы Кара шаардын түндүгүндөгү Балгынтай өрөөнүндө көптөгөн моло кабыралар бар. Буларды жергиликтүү моңгулдар кыргыздардын кабырасы дешет. Азыр да кыргыздардын кабырасынын белгилери бар. Үрүмчүнүн Нансан жайлоосун казактар «Эрен кабыра» деп аташат. Мындай аталышы байыркы заманда бул жерде кыргыздар жашаган. Алардын Эрен деген бир баатыры болуп, жердин аты ошонун атына коюлган дешет. Тарыхый эстеликтерге караганда, Эрен кабырадагы кыргыздар 1643жылдары бул жерден батыш Тянь-Шанга көчкөн. Лопнурдагы кыргыздар ошолор хун калдыгы болуп, атактуу Радлов менен . Малов алардын тилин текшергенден кийин, анык кыргыз тили экен деп бекиткен. Азыркы Токсун ооданынын Чоң жылдыз, Кичи жылдыз, Тойболду деген жерлерине өз убагында орундашкан кыргыздар азыр башка эл менен аралашып кеткен. Бул жерге орундашып калган кыргыздар илимий багыттарга караганда Энесайдан уйгурларды кубалап келип, кийин кара кытайга багынып туруп калгандар деген караш бар.

Бухара, Талас, Каратегиндерде кыргыздардын жашагандыгы жөнүндө жогоруда айтылган Бартольддун пикиринен башка араптын тарыхчысы Утбынын (1050-жылы дүйнөдөн кайткан) чыгармасында, араптар Орто Азияны басып алганда (VIII кылымда) алар менен жерлик калктардын ортосунда көптөгөн кандуу согуштар болгондугун, бул согушка катышкандардын ичинде, көзү кичине, ээги кууш, чокчо сакал кишилер айрыкча баатырдык көрсөткөндүгү сүрөттөлөт. Мамандар кебете-түспөлүнө карап, бул баатырдык көрсөткөн элди кыргыздар деп бекитишет.

X кылымда Орто Азиядан азыркы Ирактын борбору Багдадга барып калып, ошол убакытта күчөп жаткан арап халипалык (халифат) өкүмөтүнө баш вазир болуп чоң укук ээлеп турган салчук (селжук — ред.) түрктөрү дегендер болгон. Азыркы заман мамандарынын изилдөөсү боюнча алар кыргыздар делет. Американын чыгышты таануу маманы Лосирип мындай жазаг: «Орто Азиядан көчүп келген, теги кыргыз уруусунан болгон салчуктор жетип келгенден кийин, ислам эмпираторлугу жаңыдан гүлдөнгөн, күчтөнгөн маданиятка карай баскан мамлекетке айланды».

Тарыхый эстеликтерге негизденгенде, Чынгызхан 1220жылы Бухараны басып алганда, ал жердеги кыргыздардын төрөлөрү Орус, Энал, Мамок, Тайбога дегендер Чынгызханга багынгандыгын билдирип өзүлөрүнүн ордун сактап калган. Бул кезде Энесайдагы кыргыздар Орто Азияга көчүп келе элек болуп андан башка, азыркы Монголиянын башындагы Хаңчай тоолорунда да кыргыздар жашаган. Ал жерде кыргыздардын атына коюлган «Кыргыз көл» деген көл бар. Мына ушул кыргыздар түрлүү себептер менен XIV кылымдан баштап Хаңчай тоолорунан Памир, Тянь-Шанды көздөй көчө баштаган. Эң акыркысы Жуңгар кандыгы 1803-жылы зордук менен көчүрүп Ысык-Көл, Тянь-Шанга алып келгенден кийин, алардын көчүшү аякталган. Ал жерде калып калгандары айрым улут болуп түзүлүп, азыр «Хагас» деп аталып жатат.

Жогоруда кыргыздардын байыркы заманда жашаган мекенине токтолдум. Төмөндө урууларга бөлүнүшү жөнүндө токтолом.

КЫРГЫЗДАРДЫН УРУУЛАРГА БӨЛҮНҮШҮ                       (Мазмунга)

Кыргыздардын орчундуу көпчүлүгү Энесайды мекендеп жашагандыгы, өкүмөт куруп айыл чарба, кол, өнөр-жай маданиятын өркүндөтүү негизинде жазуу колдонгондугу, анда колдонгон роник жазуусу Орхун-Моңгу таш эстелиги, Талас моңгу ташы сыяктууларда жазылып, азыр да сакталып тургандыгы барыбызга белгилүү.

XI—XII кылымдарга келгенде, ички Дуңбий жактан чыккан Ши Лйав (Кара кытай) деген эл кыргыздардын журтуна келип аралаш жашай баштайт. Кара кытайлар кыргыздарды бүлдүрө чаап чачылдырат. Анын аркасынан эле Чыңгызхандын кыргыздарга салган кордук-зулуму Кара кытайлардан ашып түшөт. Чынгызхан кыргынчылык, басымдарлык чабуулун алды менен кыргыздардан баштап, 1207жылы чоң уулу Жүжини жиберип кыргыздарды кыргын кылат. Чыңгызхан жана өзүнүн өлөр 1227-жылы жана бир ирет чабуул жасап кыргыздарды кырып өзүнө багындырат. Муну менен кыргыздар өзүнүн мамлекетин жоготуп эле калбастан, сайда саны, кумда изи калбай туш-тушка таруудай чачылып качат. Энесайдан калган жана бир бөлүк кыргыздар XIV кылымда муңгулдар менен болгон согушга жеңилип, ал жерден качкан бойдон батыш Тянь-Шань, Ысык-Көл, Таласка келип орундашат. Буларды бул жерлерге Эсенкул деген киши баштап келген. Мына ушундай аянычтуу кыргынчылык абал астында, кыргыздардын байыркы урууларынын аты бүтүндөй жоголуп, кишилердин эсинде сакталып кеткен. Жогорку аянычтуу окуялар кыргыз элинин жүрөгүндө зил болуп сакталып, урпактан урпакка кала берген, акырында атактуу баатыры «Манасты» дүйнөгө келтирген. Байыркы уруулардын аттары Чыңгызхандын кыргыны менен кошо өчүп кеткен. Кутчу, Кытай сыяктуу эки-үч гана уруулардын аттары сакталып калган. Кыргыздардын азыркы бар уруулары Чынгызхандан кийин пайда болгон. 1495-жылы жазылган «Тарыхтар жыйнагы» деген парысча китепте кыргыздар ошол кезде эле, мындайча айтканда XV кылымдын аягында, оң, сол деп экиге бөлүнгөндүгү айтылган. Оңго Ак уулдан тараган 30 уул жана Солосбек, Боогачы деген бир уруу кошулгандыгы, солго биз айтып жүргөн сол уруулары (ичкилик) киргендиги жазылган. -Ошондой эле кыргыздар 1127-жылы оң, солго бөлүнө баштагандыгы айтылат.

Мына ушул пикирге караганыбызда, кыргыздар XII-кылымда эле оң канат, сол канат деп 2 жакка бөлүнүшү кыргыздардын урууларга бөлүнүшүнүн негизги жылдызы экендиги анык.

Эми Осмонаалы молдо өзүнүн тарыхына, кыргыздардын уруусун Чыңгызхандын убагында Долон бийге чейин болгон 28 ата менен туташтырган. Мунун кайнарын кайсы жерден алганы белгисиз, биздин изилдөөбүзчө кыргыздан Долон бийге чейин 3 миң жылдан артык убакыт өткөн, мындай узун мезгилде; 28 ата өтүшү акылга сыйарлык эмес.

Атактуу санжырачылардын айтып беришине жана материалдарга негиздегенде, Чыңгызхан 1227-жылы кыргыздарды кырганда көбү бытырап чачылып ар кайсы элдерге сиңип кетишет. Ошол кездеги кыргыздардын аксакалы Долон бий эгиз баласын ээрчитип, качып кутулуп, батыш Тянь-Шанга келет. Ал киши азыркы Кыргызстандагы Нарын менен Кочкор арасындагы бир белде дүйнөдөн кайтат. Бул ашуу азыр дагы Долон ашуусу делет. Андан Ак уул, Куу уул деген эки эгиз бала калат.

Бул эки баладан таралган уруулар сырткылык «Отуз уул» деп аталган. Булар бүтүн түндүк кыргыздардын азыр бар уруусун түзүп чыккан.

Түштүк тарапка орундашкан кыргыздарды кырк уулдун 10 уулунан таралган деп, бул он уул ичкилик (кыпчак) деп аталган. Булар Долон бийдин балдарынын бутагына кирбейт. Нараак жактан кошулат. Азыркы тарыхчылар болсо кыпчактарды кыпчак кандыгы таралганда анын бир бөлүгү качып кыргыздардын ичине келип аралашкан деп карашат, кыргыз санжырачылары кыргыздан таралган дешет, эми Долон бийден Ак уул, Куу уул, Ак уулдан Адигине, Тагай эки уул. Наал аттуу бир кыз туулган. Адигинеден Анжиан кыргыздары таралган. Тагайдан Богорстон, Кылжыр, Камачы, Черик, Саяк деген алты уул, Наалдан Моңолдор деген уруу таралган. Буларды оң деп аташат.

Куу уулдан Кутчу, Чоң багыш, Кытай, Саруу, Мундуз, Базыс, Нойгут жети уул болгон, алар жети чоң урууга таралган. Буларды сол деп аташат. Мындай оң, сол деп аталып калышындагы себеп: Энеси Ак уулду оң бөйрөгүмдө жаткан, Куу уулду сол бөйрөгүмдө жаткан дегенинен оң, сол деп айтылып калган.

Тагайдын Богорстон деген уулунан солто уруусу, Койлон деген уулунан жедигер уруусу, Кылжыр деген уулунан сарбагыш, бугу эки уруу таралат. Сарбагыштын өз аты Дөөлөс, Бугунун өз аты Орозбакты, Кылжырдын өз аты Маметбек (мойну кылжыр болгондуктан Кылжыр деп аталган). Тагайды өзүбектин Абыл, Кадырхан деген (1451-жылы алган) күчтүү ханы ак үйлүүгө көчүрүп барып Көлөп (Куляб) деген шаарда бир канча убакыт токтотуп койгон экен. Ошол жерден бир аял алып андан саяк туулат (саяк жүргөндө туулган деп).

Эскертүү: Көлөп деген жер азыр Тажикстандагы бир жердин аты. (Ал жердин айбаны өтө зор болгондуктан чоң топозду көлөпкө деп аташат, бул кеп ошондон чыккан).

Эми Карачаханды өз убагында эли хан шайлаган экен. Ал өлгөндө баласы жок болгондуктан жаш катынын иниси Черикке алып берет. Мындан бүтүн черик уруусу таралган.

Черикти кээ бир санжырачылардын айтышынча Тагай бий нойгут Карачаханды чапканда баласын бешиги менен олжолоп багып алган, ал чердейген карды чоң тоголок бала болгондуктан атын Черик койгон дешет. Санжырачы Атанбек «Жок, көрөр көзү кичи катынынын баласы» дейт. Кандай болбосун Черик сыймыктуу, урматтуу болуп чоңойгон. Тагай бийдин алтын туусу дагы черикте калган. Санжырачылардын бардыгы алды менен черик уруусун таратат.

ЧЕРИК УРУУСУ                       (Мазмунга)

Чериктин Назарбай деген жалгыз уулу болгон. Черик жалгыз туума уулума жалгыз туума кыз алып берем деп, Жаманак деген жалгыз кызды алып берген экен. Кийинчерээк ал эл бийлей турган баатыр аял болгон. Кийинки убакта Черик колун чакырганда, Жаманак байбиченин наамын атап ураан чакырып, кол баштап жөнөгөндө көрүп тургандар (башка элдер), аны жаңылыш укканбы же бир урууну бир уруу кемсинтиш үчүнбү Черик «таман ак» деп иттин атын атап ураан чакырып кол баштады, деген ылакап мына ошондон калган экен.

Назарбектин Кудайкул, Кудайберди, Тайчык үч уул болуп, Кудайкулдан Ботош, Ботоштон Молдо, Куба эки уул, Молдодон Сарча, Асанбек, Болкой, Желдең, Мамак, Абык, Калпа жети уул болгон. Алардын уруусу атасы черик болгондуктан ошондой аталган. Тагай бийдин алтын туусу сарчада калып, кийин чапкан кыяда жүгү кулап сууга агып кетип жоголгон.

Эми Кубанын байбиче катынынан Узун Калпак, Бакты, Көпчекей, Кызыл тукуму — 4 уул. Кызыл тукуму Каржороду, Байкел деген эки бөлөккө бөлүнөт. Узун Калпактын өз аты Арзыкул бий экен. Кары боюу узундуктагы калпак кийүүчү экен. Ошол үчүн узун калпак аталган. Арзыкул бийдин Кошуруй Тилемчи деген иниси бар экен (кошуруй сулуу деген мааниде), ал жоокерчиликтин биринде ок тийип өлүп бешикте жаш баласы калат. Аялы эки жыл жесир олтурат, ал кезде келинди кайнагасына алып берүүнү намыс керүүчү экен. Көпчөкөй кызыл тукумдар жаш экен. Ал аял Кашкарды сурап жаткан кутчу ханы Кубаткандын карындашы экен. Аял акеси Кубаткандын күчүнө сүйөнүп баласын алып акесинин жанына кетет экен. Хан Кубаткан баланы багып, атын Бакты коёт. Бала ошол жерде чоңоюп 15—16 жашка киргенде бир теңтуш бала менен урушуп калат. Ал бала Бактыны «Атасы жок асыранды кул» деп коёт. Бала энесине келип «Менин атам ким?» - деп бекем туруп алат. Атаң хан Кубаткан десе дагы ынанбайт. Бала болбой туруп алганда энеси «Мен ал кишинин атын кантип айтам, Ак-Сай жайлоосуна барсаң үлүш болгондо кары бойу калпак кийген, ак кементай жамынган, ак боз ат минип, чылбырын мойнуна түйүп алган бир адам бар, эгер жыйын болгондо ал киши дайыма мүзүлгө олтурат. Аш-тойдо ал адам келмейинче тамак тартылбайт. Атаң ошол киши», деп белгисин айтып берип, баласын жабдып, бир жолдош кошуп жолго салат. Алар Ак-Сайга келгенден кийин бир тойго келсе, куду энеси айтып бергендей бир адам кийинирээк келет экен. Ал кишини ак сакалдар менен бирге үйгө киргизип, жана алыстан келген мейман деп баягы балдарды дагы ошол үйгө кошот, алар менен эт тартат. Эт жеп жатканда бирөө «Балдар силер Арзыкул бийге эт туурап бергиле» дейт. Эки бала жеңилденип, чапандарын чечип эт туурай баштайт. Айтса, энеси баласына Тилемчинин күмүш кемерин курчап берген болучу, эт жеп жатып Арзыкул бийдин көзү балага түшөт. Баланы тааныйт да улам-улам карап коюп олтурат. Этти жеп болору менен эле Арзыкул бий өңгүрөк атып, ыйлаганча барып баланы кучактап жыгылат. Бийдин эси ооп, эс алганда өзү окуяны түшүндүрөт. Бала дагы издеп келгендигин айтат. Баланы колуна алып жүргөндө кийинчерээк Кубаткан намыз кылып, Арзыкул бийди Кашкарга айдатып барат. Казынын алдына түшүшөт. Казылар Арзыкул бийди «Бала сеники болсо жан берип ал» деп касамга буйрат экен. Акыры айласы кетип амал кылалбай жан берип баланы колуна биротоло алып үйүнө кайтат экен. Арзыкул бийдин байбичеси «намыс деп жан берип койдуң. Эрди намыс өлтүрөт болдуң. Сенин тукумуң аз болот, бата балага кетти, баланын тукуму, урпагы көп болот» деген экен. Айткандай баланын тукуму көбөйдү. Ошондон Чериктин көп уруусу тарады. Өзгөчө Токтобайдын Ажыбеги кеңири белгилүү.

Токтобай кедей киши болуп, жалгыз чаар бээси бар экен. Өзү кушка жакын болуп куш салчу экен. Бул кишиден Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек төрт уул. Булардын баарысы кыйын чыгып, өз убагында Токтобайдын «4 кашкасы» деп аталган. Артыкча Ажыбек баатыр чыгып, казак, кыргыз жана башка элдерге даңкы чыккан экен. Бул кишинин элди асыроо-коргоо жөнүндө көп баатырдык окуялары болгон. Аларды кыскартып бир гана «Ажыбек баатырдын өлүмү жана ашы» деген окуяны баяндайбыз.

Ажыбек баатырдын өлүмү жана ашы

Бир жылы боз кыроо мезгилинде, бир аш болгон экен. Ашка келген аксакалдар ылганып чоң үйгө киргизилип табак тартылат. Эл эт жеп болгон кезде төмөнкү табактагы бирөө далыны колуна кармап, айнегин карап калганда, төр жакта олтурган Артык бакшы деген карыя далыны карап чочуп кетип: «Иним, далыны тез отко салчы» дегенче өзү талып жатып калат. Эл аны таштап кете албай, жардап турушат. Бир кыйладан кийин эсине келгенде буулугуп-кыйналып: «Капырай, Артыктын жаны не секирет мынчалык» деп өзү менен өзү сүйлөшөт. Эл аксакалдарынын бирөө «Олуям, эмне көрүп, эмне билдиңиз, элиңизди кабардар кылыңыз» дейт. Артык үшкүрүп, кеп баштап: «Ушу быйыл Какшаалдын башы ылдый бир кара сел өтүп, көп кишилер бул селден аман калбай бирге кетти. Кайран Ажыбек баатыр дагы бирге кетти, мен дагы бирге кетем го!» деп кебин токтотот. Эл унчукпай кайгыргандай болуп аста-аста таркашып кетет. Айткандай, ошол жылы кыш мезгилинде эл арасында тумоо-бучкак жайылып, кара чычкак оорусу көп болуп, кыйла кишилерге кошулуп Артык бакшы дагы өлөт экен.

Ажыбек баатыр дагы ооруп, кара чычкак болуп жатып калат экен. Алгач ирет Ажыбек баатыр «Мен же кылычтан же найзанын учунан өлбөй, кантип эле ушул кемпир өлчү кара чычкактан өлөйүн» деп сүйлөчү экен. Кийинчерээк ажыздашып калганда, тууган уругун, эли-журтун чакыртыптыр, Ажыбектин балдары Абыл, Асан, Абдыраман, агалары Жабагы, Смайыл, инилери Арыстанбек, Турдуке, Жакып, Ашымдардын бардыгы келиптир. Анда Ажыбек: «Мен бул оорудан сакайбайт окшоймун. Менде үч арман калды. Бири, Чоко кара Бердиш менен Кашкар, Тегирметилерге кетип бара жатсам, Жаангир кожо Кашкар шаарын өзүмө каратам деп, бир нече көп кыргыздарды баштап келип, урушуп аларды кырдырып жеңилип качкан экен. Манжу аскерлери кууп келишиптир, бир канча мезгилден кийин кайтып келе жатсак алар Жаангир кожону кармап алышыптыр. Кожо бизди карап «кутказсаңар» дегендей болду, ошолордун колунан Жаангир кожону ажыратып алып Бейжиндеги ханга өзүм тартуу кылып алып барайын десем, Бердиш болбой койду. Кийин уксам ал сыймык Кучарлыкка кетиптир, кап! Экинчиси, сарбагыш Ормон менен дос элем. Аны бугулар колго түшүргөндө, бир кашык канын сурасам да бербей өлтүрүп койду. Ысык-Көлдүн боюнда бугу менен бир беттешсем арманым жок эле, андыктан менин ашыма оңду-солду чакыргыла, катын бугуну чакырбагыла. Үчүнчүсү найзанын учу же балта-кылычтын мизинен өлбөй, кемпир өлчү кара чычкактан өлө турган болдум. Кап!» деген экен.

Ажыбек жан үзөрүндө ар кимиси келип «баатыр, биз кантебиз» дешет. Баатыр кабагын чытып ызгарылап кеп айтат. Эшиктен кирген эле жерде, башын жерге алып ээрдин үстүндө Турдуке олтурган, ар кимиси «сен барчы»,— дешти. Турдуке барып бетин ачып «Ага, кебиң барбы?» деди эле, Ажыбек «сен кимсиң?» деди. «Мен Турдуке »дегенде Ажыбек баатыр: «Ой сары мышык, сен калган эл-журтка баш-көз болуп туралар бекенсиң, эми кантер экенсиң», деши менен жүрүп кеткен экен. Ажыбек баатыр 1856-жылы жазга жуук Куулаган деген жерде өлөт экен. Кийинки жылы бүтүн чериктен аттуу-баштуулары кеңешип, Ажыбектин ашын Чериктин ата-бабасынын жайлоосу болгон Аксайдын кыр жакасында өткөрмөкчү болуптур. Ашка оң менен солдогу бүтүн кыргызды чакырмакчы, Турдукени Ажыбектин ордуна баатыр шайлап, ашты башкартмакчы болушуптур. Бирок Турдуке көркөмсүз киши болгондуктан, жүз баштуу үйдөн экини бир ооздон кире турган кылып учкаштыра тигип, аны салтанаттуу жасап, көрктүү үйгө аны жаткызып, кишиге көрсөтпөс болушту. Үйгө өзү көркөм, сулуу болгондуктан Абдраман жатмакчы болду. Баатырга кеп-сөзү бар, көрүшө турган кишилер келсе, Абдраман ишин бүтүрүп жандырып турсун, баатыр менен көрүшүп чыгайын деп Абдраман төркү үйгө чыгымыш болуп кайта жооп кайтарып турсун, кызыл манат кийген, кылычын кыйа байланган, колуна кыска туу найза кармаган 30 жигит үйдү тегеректеп күзөт кылып турсун, ашты салтанаттуу өткөзөлү, ашка оң менен сол келет,' ичи бузук да келет, ичи түзүк да келет, ошондой берели, деп кеңешет да, бүтүн оң менен солго чабаган жиберет. Бирок бугуну чакыртпайт.

Бүтүн черик Аксайдын кара жакасында Тармал саз деген сазга коно баштайт. Эл келе баштайт. Элди мурунку кеңеш боюнча башкарып, ашты өтө зор шаан-шөкөттүү өткөрөт.

Ашты салтанаттуу өткөрүп эл тарап болгондо, чериктер кайра көчүп Какшаал ылдый жөнөшөт. Бирок ич күптү болгон бугу Боромбай чалгынчы жиберип, элдин аркасында калган көчтөн Тешик Чапта 12 үйлүү кишини көчүрүп алып кетет.

Эл кайра тартып жай-жайына келет, күн сууп боз кыроо болгондо «Бугу Боромбай Какшаал ылдый чабат экен» деген сөздөр эл арасына тарала баштайт. Турдуке муну угуп, бардык тууган-урук журт баштууларын жыйып кеңешип Боромбайга элчи жиберишти туура табышат. «Элчиге кимди жиберебиз» дегенде кээ бирлери кутчу Конокбайды дейт, кээ бирлери Калчаны дейт, анда Абдраман айткан: «Боромбай сөздүү адам, булар жарабайт. Жүрөгү курч жана жашыраак Кумач Атамбекти жиберсек» дейт. Барысы туура таап, Меркечтеги Атамбекке киши жиберет. Ал келгенде Турдуке, Абдраман экөө туруп: «Атамбегим, бара жаткан жолуңда чоң Карач, кичи Карач дегендер бар, чоң Карачка алды менен учурап абалды айтып, элчиликке келгендигиңди билдирип, бир көөкөр менен бир чочпараны жыртыш деп ага бергин, ошол киши аркылуу Боромбай менен көрүш. Ал киши биз менен куда-сөөк жана Тилекмат баатыр деген бар, зили черик, узун, кара киши, аны менен сүйлөшүп, бир чочпараны ага бергин, өзүң билип кепке жараша кеп айт. Жолуң болсун, Чериктин жана баатырдын арбагы колдосун» дешет. Жана бир аңызда Калчага Конокбайды кошуп жолго салат. Алар баратып Беделди ашканда кар жаап калат. Бир жөө кишинин изин көрөт, бир аз басканда бир топ бөрүнүн изи анын аркасынан жөнөйт. Атамбек: «Кокуй ажыратып алалы, бечараны бөрү жебесин!» деп ылдамдата бастырат, жолдун боюнда, улам бир жерде бир бөрү өлүп жана бир жерден бирден бөрү өлүп жүрүп олтурат. Жакындап келсе, бир жөө жаш жигит карда буту менен зампаны чогултуп жаткан экен. Колунда таягы бар жигит аларды көрүп эндиреп кетет. Калча чакмагын чагып, отту жагып баланы эс алдырып кеп сураса, бала «Жамансуудан чыктым эле, көлдө эжем бар эле, учурашууга бараткам, атым баспай белдин нары жагында калды. Ыргай таяк менен жыга чаап жүрүп олтурдум», дейт. Баланы тойгузуп, бөрүлөрдү сойдуруп терилерин бир үңкүргө койдурат, анда бала «Акелер, уругум бөкөй болот, кимибиз мурун келсек 4 терини ошонубуз алалы» деп айтат. Алар бала менен коштошуп жөнөп олтуруп көлдүн боюна жакын барганда, бир жерден көпчүлүк жыйналган жер көрүнөт. Алардан бир киши чаап жетип келип көрүшүп «Кайдан келатасыңар?» деп сурайт. Конокбай Какшаалдан деп жооп берет. Бала «Бул жерде бир бай өлдү эле, жаназасын окугудай молдо табалбай 3 күн туруп калды. Силерди көрүп ар качан Кашкар багытынан келе аткан адамдар молдо болот деп чакырып келген элем» дейт. Атамбек өлгөн байдын намазын түшүрүп берип, ээр-токумдуу бир жакшы атты алып коштоп жүрүп кетет.

Кечкирип баратканда бир топ кишиге учурайт, айтып берген беркисине карап, Атамбек «Тилекмат баатыр аманбы?» деп көрүшүп абалды айтат. Тилек баатыр «балам, тил алсаң барба, баарыбыз бир черикпиз, арбак бар, бөөдө өлүп каласың, мунун ачуусу жаман» дейт. Атамбек «Элчиге өлүм жок, барам, өлтүрсө мендей баладан чериктин эмнеси кемимек эле, баатыр» деп болбой жүрүп кетет. Нараак барып Карачдыкын сурап табат. Карачдыкы жаңыдан көчүп келип конуп аткан экен. Барып түшүп экөө эки үзүктүн үстүнө минип олтурат. Бир бойго жеткен кыз, бир келин келип, «Меймандар кайдан келдиңер? Үзүктү алсакбы» дешет алар. «Биз Какшаалдан келдик» дегенде эле кыз бетин чымчып алып, кайта аркасына басат. Аңгыча бир байбиче келип, алардын алдына көлдөлөң салып абал сурашып олтурат. Ал жерлик элдин кызынан экен. Баягы бойго жеткен кыздын кайны дагы черик экен, болгондо да Карач өзү экен. Байбиче амандашып олтуруп Атамбектин кебин уккан соң, атайлап кой союп жакшы мейман кылып кеп баштайт: «Боромбай азыр жаман каарына келип калды, черикти чабам деп ошонун масилет жыйынын кылып атат. Бүгүн бир байдын жалгыз уулу бир уурулукка катышып калган экен. Калың эл-журт аны сурасак Боромбай ынабай дарга асты, каратекедей болгон кудай ургурдун каары катуу болуп атат. Адам ага даай албай калды. Сен келипсиң, тил алсаң кайта кет» дейт. Атамбек жана болбой эртең менен туруп, чайдан кийин бир көөкөр арак менен бир чочпараны Ажыбек баатырдын жыртышы деп чоң Карачтын алдына коюп: «эми баштап барсаң» дейт. Чоң Карач баштап жөнөп олтуруп, Боромбайдын айылына жакын барганда: «Силер бул жерде ат чалдырып жатып тургулачы, мен барып ал-жайды байкап, эл суюлганда кабар берейинчи» деп жүрүп кетет. Карач барып жоголуп кетип, кеч курун күн батардын алдында «эми келсин» деп бир бала жиберет. Атамбек барып түшүп, Боромбайдын чоң үйүнө кирип караса, бери жагы толгон киши экен: тогуз коргоол, чатыраш ойноп жаткан уулдар экен, бир капшытында эки семиз бээ союлуп жаткан экен. Төрдө аюу талпактын үстүндө Боромбай аялы менен олтурган экен. Боромбай табылгы таякты таянып, чөктүшө калып бээнин казысын карап турган экен. Атамбек алардын арасынан аттап-буттап, Боромбайдын алдына барып салам берип кол сунду эле карабады. Карагайдын чогу келип чачырап этегине түштү эле, колу менен кагып ийип жатканда, «ассолому алейкум баатыр, аманбы?» деп Атамбек колдон алып көрүштү. Боромбай карап калып, сурданып: «Сен кимсиң деги?» деди. Атамбек «мен чериктен келген элчимин, атым Атамбек» деди. Боромбай дагы ачууланып: «Атаңдын оозуна урайын кул черик, Беделден кирип, Чычар менен чыгып, Чычар менен кирип Бедел менен чыгып бүлдүрө чабармын. Эчкинин этин жебей, кесир кылат дечү эле, эми Чериктин оозуна иттин этин тыкбасам, эчки эмес, анын корголуна зар кылбасам» дейт. Атамбек Боромбайдын колун коё берип, маңдайына чок түшүп олтура калып. «Баатыр комузчулар чертчү эле, «Коңкошбайдын коңур күү, коңурала сонун күү>> деп.

Ошол Коңкошбай өлгөндө балдары кылымга окшобогон аш беребиз деп кабырганын тышы үч эли бээни эсепке албай, кабакка сүйрөп салып, андан өйдөкүнү союп берген экен. Майга тойгон эл ал ашты «бай аш» деп атаган экен. Сарбагыштан Темир, Болот баатыр дагы 100 киши менен келет. Ошол өңдүү ар элден келген экен. Ошондо биздин атабыз Боогачы баатыр мылтык асынып, тайганын ээрчитип аң уулап жүрүп келип калган дешет. Алдаш баатыр казы-картаны кыя кесип жеп олтурган экен, көрө калып жумушкерлерге: «Боогачы баатырга эт алып келгиле» дегенде жумушкерлер «эт калбаптыр» деп күңк эткенде, «Эмесе мынабу менин алдымдагы калган этти сунгулачы» дейт. Бирөө ала коюп сунганда, Боогачы: «Жетим балага белгилеген этиңди өзүм эмес итим да жебейт» - деп камчы менен табакты кагып жибергенде, баягы эт Алдаш баатырдын башынан алыс кеткенде, Боогачынын жанындагы куу тайганы эттин аркасынан Алдаштын башынан аттап секирип, этти жерге түшүрбөй илип жеп кеткен экен. Ошондо да 100 киши менен жүргөн атаңыз жалгыз Боогачы баатырга иттин этин жегизе албаган экен. Эми кандай жегизесиз? Азыр чериктин түтүнү эки миңге таяп калды го, баатыр!» Анда Боромбай: «Ой карга тырмак кул черик. жалгыз Ажыбегиң бар эле, эми кимиң калдың, тең ата болгондой?» - дейт. Анда Атамбек «Аке, ырас эле Ажыбек баатыр өлдү, бирок атан өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок. Ажыбек өлсө балдары Абыл, Асан, Абдыраман бар, инилери Турдуке, Арыстанбек бар» дейт. Анда Боромбай «Ала Тоонун ар жагында силер, бер жагында биз элек. Тоодой Ажыбек өлсө не үчүн жаназасына чакырбайсыңар» дегенде, Атамбек:«Үйдөгүнүн кебин талаадагы сыйлабайт, өлгөндүн сөзүн тирүү сыйлабайт» кылбайлы деп баатырдын сөзүн жана арбагын сыйлап сизди чакырбадык. Анткени өлөрдө «Ормонкан менен дос жана теңтуш элем. Боромбай Ормонду колго түшүргөндө бир кашык канын сурасам бербей өлтүрүп таштаган. Ушул оруудан тыныксам бир тогошуп аламын дейт. Бирок сакайбадым, эми артымда калдың черигим, журтум болсоң намазыма катын бугуну чакырбагыла» деп жатып өлдү. Ошол үчүн силерди же жаназасына же ашына чакырбадык, ага таарынбаңыз. Баатырдын жыртышы мына бул» деп кара жамбы менен 2 көөкөр аракты алдына койгон экен.

Боромбай туруп кетип: «Олдо чунак Балбай ай! Качан да болсо кесепетиң тийет да, кайран Ажыбек мага таарынып өлгөн турбайбы! Ажыбек киши жибергени ырас. Ал киши келгиче эле Ормонканды өлтүрүп коюшуптур, тирүү болсо берет элем, кап! Өз боюнча айтып бардыбы же кандай билбеймин? Силер менен биз чий менен туурдуктай жакын киндиктеш элек, аштыктын алдына орок тийсе аркасына келбей койбойт. Мага да ажал жакын го, кайран баатырым өлгөндө мага таарынып өлгөн экен да! Оо кайран эсил жолборсум оой! Эми кайдан көрөйүн оой!» - деп өкүргөндө үйдүн ичинде элдин бардыгы дүңгүрөп үйдү көтөрүп калды, байбичелер дагы кошуп калды. Бир дем ыйлашып басылгандан кийин куран окуп бата кылган соң жамбы менен аракты сунуп калды эле, Боромбай «Кайран төрөмдүн жыртышы экен» деп жамбыны көзүнө сүртүп байбичесине берип, аракты жигиттерине берди дейт...

Атамбек ошол кепти салып атып ушул жерге жеткенде күлүп: «Кайран жаным, Ажыбек баатырыма тыяктагы Боромбай баштуу бугуну да ыйлаттым» деп айтчу экен.

Боромбай эртеси мейманканага кирип Атамбекти аягынан түрө карап туруп «Балам Ажыбектин эмнеси болосуң?» деп сураганда, «Ажыбек менен тууганмын, Байчубактын балдары болобуз» дейт. Боромбай «Байчубактын кимисиң?» дегенде ал «Мамажан чечендин иниси Бабанын уулумун» дейт. «Ээ дагы эле чыккан жерден чыгат экен... Кайран Мамажан чечен ак калпагы менен ак кементайын чыраштатып алып, темир көк атын минип алып, теминип топко киргенде топ жарыла берчү эле. Ошонун тукуму экенсиң да!» «Ооба ошонун тукумумун». Боромбай «Куйма кулакка кеп айтса куюп алат. Тешик кулакка кеп айтсак тешигинен куюлуп калат. Сен куйма кулак экенсиң. Илгери кыргыздан олуялар өткөн экен, алар «кепти айткын укканга, айтып айтпай пайда жок бей саат күнү туулганга» деген экен. Кана сен кепчи көрүнөсүң, сүйлөчү ал кайсы олуялар?» — дегенде Атамбек баатыр, кыргыздан олуя Сынчы, олуя Сансыз дегендер өткөн экен» — дегенде, Боромбай «ал элди кандай сынаган экен?» деп сурайт. Анда Атамбек «Олуя Сансыз сиздин атаңыз Алдаш баатыр, сарбагыштан Болот баатыр, чериктен Карагул баатыр бул үчөөнү сындаган экен. Колун серелеп карап көрүп, Алдаш баатырды карайт. «Мындан бир меш туулат, калың журтка эш туулат. Андан ары барганда мунун тукумунан өөк барака туулат. Бул өзү сакалы жок муруттуу, төгөрөктү курутту, кайра тарт» деген экен. Ошол сакалы жок муруттуу, төгөрөктү курутту өзүңүз эмеспи?! Төгөрөктү курутуп атпайсызбы» дегенде Боромбайдын бир муруту кыйшая түшкөн экен. Андан кийин сарбагыш Болот бийди сынап колун серепчилеп карап «Сен кыбыланы карап туруп сийген экенсиң, сийдигиң сегиз коктуну өрдөп кетти. Сегизи сегиз сууга баш болуп анын ичинен жалдуу барак чыгат. Атаганат кап сени! Мурун сындасам болмок экен, жалдуу баракты өөк барак чалып салбадыбы! » деп санын чаап кейип калган экен. Баатыр ошол өөк барак өзүңүз, жалдуу барак Ормон эле, аны чалып салбадыңызбы?!» дегенде, Боромбайдын экинчи бир муруту кыйшайып мыйыгынан күлгөн экен. Андан кийин черик баатыры Карагул көчүп Какшаалга баратканда олуя көчкө учурап жанындагы кишиден: «Тээтиги көч ортосунда токмок жалдуу торайгыр минген, чылгый кайыштан кисе тагынган ким?» деп сураганда жанындагы киши «Карагул черик болот» дейт. Олуя «Бери келчи» дегенде Карагул кайра тартып келген экен, олуя Карагулду карап колун серепчилеп: «Ии атаганат ай! Бул жамандын көкүрөгүнүн боктугун кара, көчүгүнүн алтындыгын кара. Мындан эгиз кыраан эки уул чыгат, эки шер удаа, бирөө мурда, бирөө кийин чыгат, ак көрпө жайыл атагы журтка дайын чыгат. Анын наамы букардын көк ташына чийилет, кызыл меш чыгат. Мунун тукумунан тукумуна чейин жыргап өтүп чөөдөй сары чыгат, Какшаалдын аягынан өөдө сурайт. Жеңдей кара чыгат. Чап жаактуу, чабалай ээктүүлөр ичинен эңкерлер чыгат, андан кийин келте тумшук боз балдар чыгат, андан кийинкисин көрө албай калдым», деген экен.

Эгиз кыраан эки уул — Ногой, Кончой, бирөө мурун, бирөө кийин чыккан эки шер Тоймат менен Ажыбек, ак көрпө жайыл, атагы журтка дайын Ажыбек баатыр, кызыл меш Абдыракман, чөөдөй сары Турдуке, жеңдей кара Суранчы, чап жаактуу Жабалай, ээктүү ичинен Эңкер, Мамбет, Осмон, Өмүрбек, Кутуке, Найман, Өмүражы, келте тумшук боз балдарды көрө элекпиз, дечү экен Атамбек аба.

Атамбек күндө бирден кысыр эмди тайдын этин жеп жакшы күтүлдү. Боромбай күндө бир маал кирип «Балам, куйма кулак экенсиң жана кеп сал» дейт.

Боромбай өзү да кыргыздын макал, нарк, нускасын, санжырасын. нарк нускалуу көп сөздөрүн айтып берген экен. «Ушул кептин көбүн ушул кишиден укканбыз чү экен Атамбек абам.

Беш күн жатып, алтынчы күнү болгондо Атамбек Боромбайга эми биз кайталы деди эле, анда Боромбай «келген жумушуңарга он эки үйлүү кишини алып кеткиле, бирок Сыртка азыр кар түшүп калды, жаш балдар үшүп калар. Жаздын алды менен көчүрүп берем, алардын бир улагын чыгымга учуратсам мен кепин» деди да Боромбай «мына бул Камбыл деген жандай көргөн жакшы атымды Абдраманга ала барып бергин, баатырды аза бата кылганым ошо, мына бул тейтилланы Турдукеге ала барып бергин, баш куттуктаганым» деп атты жетелетип. тейтилланы бөктөрүп Атамбекти жолго салды. Атамбек бастырарда Боромбай ага «Келер жылы Турдуке Абдраман болсо экөө тең келсин, экөө келалбаса бирөө келип мени менен кудалашып достошуп кетсин, айта бар, кайры эмесе» деп кала берди.

Атамбек кеткен соң Боромбай «Ой калың журт чогулгулачы» деди эле, черикти чабабыз деп жаткан калың бугу Боромбайдын эшигинин алдына барып жыйналды. Боромбай калың журт баарың турасың, черикти чабабызбы, чаппайызбы?» дегенде, көпчүлүк «чабабыз, чабабыз» дейт. Боромбай «Ой, кызыр кайда экен көрдүңөрбү?» деп сураптыр. Көпчүлүк «Жок көрбөдүк». Анда Боромбай «силер көрбөсөңөр мен көрдүм. Кызыр чериктин шыргыйдай кара баласын (Атамбекти) кош колдоп суулуктап алыптыр. Мен керекке жарайт деп бир канча балбанды баккан экенмин. Буларды баккыча бир топ бука баксамчы. Мен атактуу журттун бир башчысы болуп туруп шыргыйдай кара кеп салып жатканда, анын уу тили мени карай агып жатканда балбан сөрөйлөр анын башын ыргыта чаап салбадыңар. Үйдө чечен жоодо жок болуп, чеченмин дегендер да бар эле, же бир ооз сөз кайралганыңар жок. «Катын бугу» деп сөөмөйүн көзүмө теңшеп атканда, же өлүп кете албадым, же жерге кирип кете албадым. Мен Боромбай болгону кишиге сөзүмдү алдырбагам, кишиден сынган эмес элем. Чериктин шыргыйдай кара баласынан сөзүмдү үч алдырдым, үч сындым, быйыл мен жазга жетпей өлөм го же бир нерсе көрөм го? Черикти чабабыз деп айтканыбыз түшүбүз экен. Черикти чабышты коюп тургула, чериктен келген элчисин кайра жандырдым. Ал жаз жарып, күн жылыганда баатырларын алып келмек болду. Кудалашып дос, кур чалышып куда болуп элибизден тандап кыз берели, он эки үйлүү кишинин малы менен жандырып берели. Мурун булардан олжо деп таап алганың болсо кунуна куш, козусуна кой кош. Малпараны калыбына келтиргенден кийин кыштоо тандап кондуруп, отун, тезек, от чөп сарамжалын камдап берели. Чериктин бир да малы зыянга учурабасын. Биз Ала-Тоонун аркы жагында, черик берки жагында. Биз чий менен туурдуктай чың ажырабас элбиз. Жамандашпай өтөлү. Мен тирүү болсом ошондой кылам. Өлсөм керезим ушул. Ушундай кылгыла, эми тарагыла» деди. Айтканындай он эки үйлүү черикти жазында көчүрүп берген экен. Ошол жылы жазында 1858-жылы Боромбай өлөт. Өлүш алдында үч күн ыр макал сөз менен керез айткан экен. Аны жанында олтургандар жаттап алышкан. «Боромбайдын керезиндей керез кеп айтты эле» деген макал ошондон калган экен.

Боромбайдын керезинин кээ бир барчалары:
Аргымак жалын беш бөлүп,
Өргөнүн калат жигиттер.
Ар уруудан кошчу алып,
Ал дөбөгө бир чыгып,
Бул дөбөгө бир чыгып
Айтуулашып куш салып
Адырлуу жерден из чалып
Жүргөнүн калат жигиттер.
Эрмектешип ырдашып,
Эзилишип сырдашып,
Күлгөнүң калат жигиттер.
Бүрмөчүгүн бүрмөлөп,
Термечигин термелеп,
Кемпирлер өткөн дүйнө ошол.
Кызгалдактай кылаңдап,
Кырмызындай кылактап,
Кыздар өткөн дүйнө ошол.
Күлүмсүрөп кашкайып,
Күзгүдөй бети тастайып.
Керимселдей керилген,
Келиндер өткөн дүйнө ошол.
Табышмак айтып кордошуп,
Таштан-ташка ойношуп
Балдар өткөн дүйнө ошол.
Какайган бели бекчейип,
Кара көзү чекчейип.
Кайран жашьм кетти деп,
Чалдар өткөн дүйнө ошол.
Ак теңге пулу каптаган,
Адырга малы батпаган.
Байлар өткөн дүйнө ошол.
Буулуктап ажал тез келди,
Боромбай кез келди.
Мураталы, Тилекмат,
Калын бугу элиңди,
Башкарар болсоң кез келди.
Аргымактан жал кетсе,
Алмагы кыйын жал кайтып.
Азаматтан мал кетсе,
Келмеги кыйын ал кайтып,
Азирейил тооруса,
Калмагы кыйын жан кайтып.

Эми Боромбай баатыр өлгөн соң дагы калгандары ушул боюнча иш кылып Турдукеге Алтын деген Боромбайдын кызын берген экен.

Чоң Карач Абдрахман, Боогачылар менен кудалашып өткөн экен. Эми Ажыбек өлүп сегиз жылдан кийин Бөдөөлөт Жакыпбек Кашкарга келип, Ажыбек баатырды сураса өлүп калды деген экен, уулу Абылсанды чакырып барып «Сен ички жол менен барып Ак-Сууну алып, ошол жерге баштык болуп тур» десе Абыласан ынабаптыр. Жакыпбек: «Кайран баатыр кумга сийген экен, баласы кайратсыз экен» дептир. Ошондой болсо да Нарындын Куртка деген жерине датка кылып кароол тостуруп койгон экен. Ажыбектин туугандары (Карагул уулунун башчыларынан) Суранчы, Мамбет, Осмон баштаган он кишини аскерликке алып Үрүмчүгө алып барат. Ал жерде жоо менен атышып турган мезгилден пайдаланып Суранчы баштап качып, Иле аркалуу Ысык-Көлгө келип калганда Суранчынын атасы, Ажыбектин агасы Жабагы баштык бир нечелерин бала-чакалары менен Котенго пааналаган экен. Жабагы Котенде өлгөндөн кийин өлүгүн дары менен катырып, бир-эки жылдан кийин атайылап алдырып келип Кара-Чийге коюп, күмбөзүн бышык кыштан салдырган экен. Жабагыдан Суранчы, Бегмат, Жусуп үч уул, Суранчыдан Балбай, Качкын эки уул, Бегматынан Балбак, Чылпак, Бошкой үч уул Жабагы уулу аталат. Суранчы өтө акылман өткөн, кубаттуу адам болуп, мамлекеттин биримдиги, элдин ынтымагы үчүн көп күч жумшаган. Анын философиялык акыл-насаат сөздөрү, макал-тамсилдери эл ичинде өрнөк болуп калды.

Эми Ажыбек баатырдын Абыласан, Абдраман, Өмүркан деп үч уул, Абыласандан Жантай, Телтай, Молтой, Арзыкан, Кутуке, Найман жети уул, Абдрамандан Боогачы. Андан Борбодой жана бир нече уул. Андан Султанаалы жана бир нече уул. Өмүркандан эки уул. Булардын көпчүлүгү эл-журтту бийлеп, башкарып келген. Эми Тойматтан Турдуке, аны Ажыбектин сөзү боюнча Ажыбектин ордуна баатыр көтөрөт. Бирок бул киши өтө зулум болуп Ажыбектей элдик болбогон.

Ажыбек уруулары бүтүн Карабулакты, назар, чынар уруулары Ак-Талаа, Сомташ, Алкымды башкарып келген. Булар ак сөөк уруу болуп эсептелинет. Черик уругу бүтүн кыргыз ичинде чоң жана саны көп уруулардын бири, бүткүл Какшаал элинин 70 проценти черик уруусу. Ат-Башыда дагы бар, аз бөлүгү Тоюнда.

ЧОҢ БАГЫШ УРУУСУ                       (Мазмунга)

Чоң багыш уруусу негизги уруулардын бири болуп, сол уруулар тибине кирет. Демек Куу уулдан Кутчу, Чоң багыш, Кытай, Саруу, Мундуз, Базыс, Нойгут деп жети уруу сол таралат. Кээ бирөөлөр чоң багыш, сарбагыш, өкүмбагыш, карабагыш бир тууган экен деп коюшат. Бул аттын уйкаштыгына гана карап айткан кеп. Бул андай эмес.

Чоң багыштын үчүнчү небересинен Чоболой, Кулунсарык, Байуулу деп үч уулу болгон. Санжырачылардын кээ биринин айтышынча, чоң багыштан чыккан Мыкы баатыр өз элинен кыз жаратпай бир нече убакыт бой жүрүп калат экен. Анда чоң багыштар азыркы Текестеги кытай — совет чек арасындагы Үч-Каркыра, Көк-Дөбө деген жерди жердеп туруучу экен. Күндөрдүн биринде Анжияндан бир соодагер Үч-Каркыра, Көк-Дөбөгө барып калыптыр, андан Мыкы баатыр: «Соодагерим, көп жерди басып, көп элди көрүп келипсиң, мага жарагыдай бир сулуу кыз көрдүңбү?» деп сураптыр. Соодагер: «Мен сага жарагыдай бир сулуу кыз көрүп келдим, эмне сүйүнчү бересиң?» дептир. Мыкы баатыр: «Сүйүнчүңө эки жорго берем, деги ал кыз кайсы жерде экен?» деп сураптыр. Соодагер: «Анжияндын үстү Ажыке деген жерде адигине уруусунан Толубай бийдин кызы Назбийке сулууну көрдүм, ал чай ичсе алкымынан көрүнөт» дейт экен. Мыкы баатыр бул кепти угуп алып, элинен кырк жигитти тандап ээрчитип Анжиянга келиптир. Анда Толубай бий чоң үлүш берип жаткан кези экен. Эр Мыкы өзүнүн келгендигин билдирүү жана тийишүү үчүн Толубайдын төрт эле жылкысын айдап алып кайра жөнөптүр. Үлүш берип жаткан Толубай бий буга ачууланып: «Ушунча адамды көзгө илбей жылкыны алып жөнөгөн бул кандай неме экен, кармап келип көгөнгө байлап койгулачы» деп артынан куугунчу жибериптир. Куугунчулар эр Мыкынын артынан жете барып бири-бири менен чабышып, таймашып найзалашып алышып, күч сынашып көрүшүп, кайта өхүлөшүп кепке-сөзгө келгенден кийин, куугунчулар Мыкыдан: «Силер эмне себеп менен жылкы куудуңар?» деп сураптыр. Анда эр Мыкы: «Мен силерге жоо эмесмин, силер менен кур чалышып куда, кучакташып дос болгону келдим. Толубай бийдин сулуу кызы Назбийкени алганы келе жатам», деп жайын айтыптыр. Куугунчулар эр Мыкыны бийдин айлына баштап, Толубай бийге барышып: «Булар чабышканы келбептир, сиздин кызыңызды алыстан угуп кудалашканы келиптир», дегенде: «Ал ким экен?» деп сураптыр. «Чоң багыштын Мыкы баатыры экен» дептир куугунчулар.

Толубай кеңешкору менен кеңешип бирликке келгенден кийин: «Эми сен кызымды алар болсоң бүткүл чоң багыштын малын айдап кел» дептир. Эр Мыкы ага макул болот. Бирок Толубай бий ал шартынан кайра жанып, «Жалгыз кызымды ыраак жерге бере албаймын, алар болсоң бүтүн эл-журтуң менен көчүп кел. Анан берем, мен карып калдым, ордума кан, бий болуп эл-журтумду сурайсың» дептир. Мыкы баатыр буга дагы макул болуп кайра жөнөйт.

Эр Мыкы өз элине кайтып, жакындаганда чатырын тигип элинин ичине барбай жатып алат. Эли: «Эмне болдуң баатыр?» дегенде Мыкы: «Мен Толубай бийдин кызы Назбийкени алмак болдум, эл-журтуң менен көчүп келсең анан берем дейт. Эгер силер ушул талабымды орундай турган болсоңор анан барам, болбосо барбаймын», дейт. Акыры Мыкы баатыр «Анжиянга барабыз» деп үч жүз үйлүү кишини көчүрүп алып жөнөйт экен. Аларга: «Эмгектеген жашты, эңкейген карыны таштайлы, жер алыс, кийин алып кетербиз» деп жарлык түшүрөт. Алар көчкөндө: «Үч каркыра көк дөбө, эми бизге жок дөбө» деп ыйлашып көчүп жөнөйт. «Бала белде, катын жолдо» деген ошондон калган экен.

Алардын ичинен бир жигердүү жигит атасын таштагысы келбей сандыкка салып, эч кимге көрсөтпөй жүктөп жөнөптүр. Көч жөнөп олтуруп бир канча күн өткөн соң карыя баласына: «Оо балам, кайда кетип барасыңар? Эмне үчүн кээ бир жерде чуркурап, кээ бир жерде жымжырт болуп каласыңар?» деп сураптыр. Анда баласы: «Анжиянга көчүп баратабыз. Суу табылган жерде чуркурап, суу жок жерде суусаганда жымжырт болуп баратабыз» дептир. Атасы: «Балам суу жок жерге барганда жук жүктөгөн өгүзүңдү агытып коё берип көрчү», дептир. Бир күнү суу жок жерде эл өтө суусап өлмөкчү болгондо, баякы бала өгүзүн коё берет, ал өгүз нары-бери басып жүрүп бир камыштуу жерди чапчып турган экен, баласы атасына муну айтканда, атасы эмесе ошол жерди бир аз чукуп каз дейт. Бала казса суу чыгып, эл суу ичип жыргап калат экен.

Жана бир канча күн жол жүрүп бир жерге конгондо, абышка баласына «силерди кара көпөлөк айдап калыптыр, көчүп жүрүп жоголосуңар. Балам, аркаңарда айры белес, ач кесек барбы?» деп сураптыр. Баласы бар дептир. Абышка: «Балам, сен эртең элди жөнөтүп жиберип, ушул айры белес, ач кесекте мылтыгыңды алып тосуп турсаң бир ак төш дөбөт «көч-көч» деп тилин салып келет, ошону атып таштасаң эл көчүүдөн кутулуп калат» дейт. Атасы айткандай баласы белди тосуп турса, бир ак төш төрт көз дөбөт «көч-көч» деп тилин салып кирип келген экен. Бала дөбөттү атып тумшугун кесип, тырмактарын чыгарып алыптыр. Эми кыргыздардын көзүнүн үстүндө калы бар итти жаман көрүп калуу ошондон калган экен. Бала көчтүн аркасынан элге жете келсе элдин бардыгы эле уюлгуп көчпөй жатып калган экен. Эртеси деле көчпөйт. Бала элден «Эмне көчпөй жатып алдыңар?» деп сураган экен. Эл «кечинде жатаарда талаага чыксак күйгөн эки шам көрүндү. Эр Мыкы «ошону тапкыла» дейт. Биз табалбадык, аны тапмайынча көчө албайт экенбиз» дешет. Абышка баласынан «Эл эмне үчүн көчпөй калыптыр» деп сурайт. Баласы: «Ушул жерде эки шам күйөт экен. Эл аны күнү-түнү издеп табалбай калыптыр. Ошого эл көчпөй жатып калыптыр» деп жооп бериптир. Абышка: «Балам, ал каухар таш. Ушул сайда дарак бар бекен?» деп сураптыр, анда баласы «бир гана жалгыз тал бар экен» деп жооп бериптир. Абышка: «Ал каухар таш ошол жалгыз талдын чиригинин көңдөйүндө. Сен барып талдын көңдөйүн карасаң ошондон табасың, ал эки шаардын куну менен тең» деген экен. Бала жүгүрүп барып талдын көңдөйүн караса тооктун жумурткасындай эки каухар таш турган экен. Бала ташты көтөрүп алып атасына барыптыр. Ошондон кийин сайда шам күйбөй калыптыр. Абышка баласынын алып барган ташын көрүп «силерге кудай бериптир, мунун баасына адам жетпейт» дептир.

Сайда шам күйбөй калганда эр Мыкы элинен «сайдагы шамды ким таап алды» деп сураса, анда бала «Мен таап алдым, сиз алуучу Назбийкенин калыңын камдап койдум, сиз чоң багышты Үч-Каркыра, Көк Дөбөдөн көчүрбөсөңүз деле болот экен», дептир. Анда эр Мыкы: «Муну сен кандай таптың, сага ким айтып берди?» дегенде бала: «Атам айтып берди» дептир. Анда эр Мыкы «Ой бала, атаң калбады беле?» дегенде, ал: «Жок, атамды таштаган эмесмин. Сандыкка салып артып келгенмин. Каухар ташты атамдын кеби боюнча таптым» деген экен. Ошондо чоң багыштар «атаганат, ата-энебизди не үчүн ала келбегенбиз» дешип чуркурашып ыйлашып кеткен экен. «Карынын кебин капка сакта, өлүгүн апта сакта» деген макал кеп ошондон калган.

Эр Мыкы чоң багыштарды көчүрүп жүрүп Анжиянга жакын калганда «Биз көчүп келатабыз, баткыдай жер бар бекен» деп сынчы менен бир канча кишини адигинелерге жиберет. Сынчылар менен элчилер барып, эр Мыкынын сөзүн адигинелерге айтканда, алар «Кең Алайды дайындан койдук, болор бекен?» деп сураган экен. Сынчы Алайкуну көргөндө «Көдөөнүн түбүндө кулун, шыбактын түбүндө козу уктап жатчу жер экен. Бирок көчүгү кең, көкүрөгү тар, үч жылда бирден жут болот», деп Алайкуну сындаптыр.

Эр Мыкы баатыр каухардын экөөнү тең берип Толубай бийдин кызы Назбийкени алган экен. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин Мыкы баатыр элине «Мен Назбийке сулууну алам деп силерди Үч-Каркыра, Көк-Дөбөнү таштатып ушул жерге көчүрүп келдим эле, эми Назбийкени. алдым, кана сынап көргүлөчү, Назбийке сулуунун кайсы жеринде айып бар?» деп сынаткан дешет. Элдер «жакшы, сынга толот экен. Бирок мурдунун ички таноосу кең экен» дешет. Анда эр Мыкы «кандай кылсак болот?» десе, алар «Муну Анжияндын табыптары танап-тигип оңдошот» дешет. Чоң багыштар ошол кеңеш боюнча Назбийкенин мурдун тилген экен. Муну уккан Толубай бий: «Кечээ келген жолоочу бүгүн кызымдын мурдун кескичелик болуптурбу? Чоң багыштарды камчыга ченеп кыргыла» дейт. Арада уруш болот. Чоболой баатыр баштуу бир канчалары өлөт. Чоң багыштар чегинип, качып Улуу-Чатка келишет. Кызыл-Ойдо турушат, кийинчерээк Кызыл-Ойду жердеп турган кутчулар менен жер талашып батышпайт. Ал кезде Кашкарды Канкожо деген сурап турчу экен. Кутчу Кубатбек ага жакын экен. «Мыкы баатыр бизди бул жерден кууп чыкмакчы, сени тактадан түшүрүп топодой тоздурмакчы, сен аларга ишенип кудалаштым деп жүрөсүң» деп Мыкы баатырды Канкожого чакыртат. Канкожо Кызыл-Ойго барып, текшерип байкап карап турганда жыйылып сүйлөшүп олтурган чоң багыштар турганда, камчылары менен этегинин топосун кагып турушат экен. Анда Кубатбек Канкожого: «Тигини кара, сени топодой тоздурам дешип атат. Жана ишенбесең Мыкынын агасынан сура» дейт экен. Чоң багыштардын эмки башчысы Арык деген кулагы катуу кишиден Канкожо «ошол маслет кеп ыраспы?» деп сураганда, Арык эмне деп айтканын укпай эле башын ийкеп коёт. Канкожо кыжырланып чоң багыштарды кырдырат. Кырда качып жүргөндөргө «Кайта келип багынсаңар мал, пул берем» дейт. Канкожо жигит болуп турган бир кыргыз аларга барып «Ой келгиле, кыргыздын атасы тоо, энеси суу» деп ураан чакырып кыйкырганда, Аскалы, Кандабас экөө ойлонуп «бул мааниси бар кеп» экен деп качып кутулган экен. «Кызыл-Ой», «Кызыл-Чачы» деген ат ошондо калган. Аскалы менен Кандабас Буландын тоосуна, Корумдуктун тоосуна бекинип, кийик атып жан багып жүрөт экен. Кийин алар бөлүнүп Аскалы Каражүлгө, Кандабас Кызыл-Ойго кетет экен.

Жалпы алганда чоң багыш уруусу Кытайда негиздүү чоң уруу болуп эсептелинип, чыгыш тарабы Кара-Жүлдөн тартып, батыш тарабы Окалырга чейин бүтүндөй чоң багыш уруулары жайгашкан. Сан жагынан да көп. Булардын ичинде Жансүйөрдүн урпагы элин башкарып үстөмдүктү ээлеп келген. Жакынкы убакытта манчиндин зулумуна каршы эл козголоңуна баштык болгон Сыжаң Осмонаалы чоң багыштан молдояр уруусунан эле.

КУТЧУ УРУУСУ                       (Мазмунга)

Кутчу уруусу байыркы чоң уруулардын бири. Азыркы бар уруулар көбүнчө Чынгызхандын баскынчылыгынан кийин шекилденген, бирок кутчу уруусу андан да муруңку уруусун сактап калган. Х-кылымдарда Орто Азияга келген Иран алымы Игеферинин чыгармасына караганда Орто Азияда кыргыздын сык, кутчу деген уруусунун бардыгын жазган. Ошол үчүн кутчу уруусу мурунку уруусун сактап келген экен деп айтабыз.

Кутчу уруусу Куу уулдан болуп солго кирет. Кытай кыргыздарынын байыркы доорлорунда кутчулар негиздүү уруулар болуп, Кызыл-Ой, Тегирмети, Каражүл, Какшаалдардал бүтүндой ээлеп турган. Маселен, Кызыл-Ойдо хан Кубатбектин мунары азыр да бар. Каражүлдүн жолундагы Алдаярбек деген белде Кутчунун бир баштыгы алгачкы ирет ашып жол салгандыктан ошонун наамына коюлган. Айыктыктын башындагы Мурзакелди, Эсенбек деген жайлоолор дагы кутчунун баштыктары жердеп турганда ошолордун наамына коюлган. Эми Какшаалдын башы, чек арадагы Шабото деген жайлоо кутчунун бир тармак уруу баштыгынын атына коюлган. Кийинки кездерде Какшаалдагы чериктер менен болгон талаш-тартышуудан жана Кызыл-Ой, Каражүлдөрдөгу чоң багыштар менен болгон талаш-тартыштардан улам төмөндөп сүрүлүп, азыркы абалга келип калган. Кээ бирөөлөр качып таркап кетишкен. Үч-Турпандагы Кутчу деген жерди да кутчулар жердеп турган. Какшаалды кутчулар жердеп турганда, Абайылда, Берик деген эки баатыр башчысы болуп, алар Кара-Чийде турган.

Тарыхка таандык материалдарга караганда, X кылымда Үч-Турпанда кыргыздар бардыгы жазылган. Кээ бир материалдарда 1595-жылы Үч-Турпандын түндүгүндө кутчу уруусунун хандыгы барлыкка келген экен. Санжырачыларыбыздын айтышынча, азыркы Үч-Турпандын түндүк жагында Кутчулук деген кең район бар, ал жерде кутчу уруусу жашап хандык сүрүп, Үч-Турпанды башкаруучу экен. Кийинчерээк алар Какшаалга (Ак-Чийге) сүрүлүп, бүтүн Какшаал өрөөнүн кутчу эли мекен кылып туруучу экен. Алардын башчысы Абайылда, Берик дегендер Кара-Чийди борбор кылып, узун убакыт тургандан кийин 1780-жылы качкан экен. Качыштын себеби төмөндөгүчө:

Үч-Турпандын үстү От-Башыдан тартып бүтүн Какшаал Абайылда, Берикке аштык-бажы төлөчү экен. Азыркы Кара-Чийдеги үч метрден узун ташты мамы кылып орнотуп коюп, ошону чек кылып, чек токтоттуруп, анын башы көмүлгөндө «эми болду» дечү экен. Бир жылы аштык-бажы төлөгөндө ал таштын башы көмүлбөй калган экен. Абайылда менен Берик «бул эмне болду» деп сураганда, кызматкерлери «Үч-Меркечте турган Чоко жана Токтокүчүк деген туугандарыңыз өзүнө караштуу кырк үйлүү кишиге аштык-бажы бердирбеди. Башкасы деле жетер деди», деп жооп берет экен. Кийинки жылы бир иш болгондо Чокону Берик конок алып, ал түнү аркандан ыргак жасап бүркүтү менен Чокону таң аткыча ыргакка салып, эртең менен «Бүркүтүң эми жакшы алат» деп коё берген экен. Ал «Меркечтин арчасынын табынан да, сен ыргагыңдын ыдыгы жаман өттү го баатыр» деп ашка күйбөй бастырып кетет.

Жаз болгондо Чоко Берик «Кара-Чийдин арыгын каздырып атат», деп угуп, тийишүү үчүн Меркечтен аттанып, бүркүтүн көтөрүп алып, Кара-Сеңирге келип Берикке учурайт. Берик бүркүтүңдү бери кылчы десе, Чоко эмне кылат элең, бул каракашка тынар, муну көрүнгөн киши кармай бербейт, бербеймин дейт. Анда Берик арданып, Чокону арык казгандар менен кармамакчы болгондо, Чоко карматпай күңгөй жүрүп олтуруп Үч-Турпанга барат экен. Анда Үч-Турпандын шаары кичирээк. Баш-Чакмадан тартып суунун бою Кең-Сай болуп жайлоо экен. Ал жайлоодо кудаят делген 400дөй ат багылуучу экен. Бул аттар ошол кездеги калмактардын буткасына караштуу экен. Чоко ал аттарды көзөмөлдөп жүрүп, күндүзү жар көпүрөдөн айдап сыйлыктырып отуруп, От-Башыга чогултуп коюп, ал түнү Какшаалдан Үч-Турпанга бараткан жолоочудан «бутканын аттарын Абайылда, Берик алып кетти» деп кабар салыптыр. Анан аттарды катуу айдап, баспай калгандарынын башын кылыч менен кесип, тумшугун көтүнө тыгып коюп жүрүп отуруптур. Аркасынан аттын куугунчусу калмактар келип, өлгөн атты көрүп: «Бул эмне шумдук иш?!» деп сураганда, ал жердегилер «калмактарды дагы ушинтип башын кесип көтөнүнө тыгам дегендин белгиси» деп айткан экен. Эми Чоко жүрүп олтуруп, аттарды Кызыл-Күмбөздүн Чал деген жерине кашаттын башына жайып коюп, Кара-Чийге эки жолдошунун бирин жиберип, калмактардын наамынан: «Абайылда, Берик менин жылкымды бекер алдың, урушар жериңди айт» деп кат жазып жиберип, өзү күңгөй менен жүрүп олтуруп, элин көчүрүп Тешик-Чапты ашып Ысык-Көлгө кеткен экен. Азыркы Ысык-Көл кутчусу ошолордун уругу дешет. Эми Абайылда, Берик катты көрүп «Муну Чоко кылды, эми Какшаал бизге жер болбойт» деп элин көчүрүп, Анжиян менен жүрүп Таласка барып токтогон экен. Таластагы азыркы кутчулар ошолордун урпагы, жана бирөөлөр кутчунун жээни чоң багыш деп да айтышат. Эки Ак-Чийдин ортосундагы Бел-Алма деген сеңир Абайылда, Бериктин уулугу деп айтылат.

Эми кутчунун түп атасы Кубатбек, андан кийинкиси Алдаярбек жөнүндө баян кылабыз.

Кубатбек

Ал саякатчы, кыйын адам болгон. Кызыл-Ой, Канжуугандарды талашып, чоң багыштарды Кашкардагы Канкожого чагып кырдырган экен. Мунун баянын жогоруда айтып өткөнбүз. Эми андан кийин да чоң багыштар өч алуу жөнүндө нечен урушуп Кубатбекке тең келе албай жеңилет экен.

Кубатбектин үйүндөгү жээни чоң багыш экен, ал күндөрдүн биринде чоң багыштарга «Кубатбекти мен өлтүрүп берейин, эмне бересиңер» дейт. Анда алар «Сени хан көтөрөбүз» дейт экен. «Эмесе бир күнү урушка чыккыла» деп макулдашып бүтүшүп, бир күнү чоң багыштар Кубатбек менен урушуп турган мезгилде баягы жээни Кубатбекти аңдоосуздан атат. Кубатбек өлгөн соң, катыны кайраттуу аял экен Кубатбектин кийимин кийип, атын минип алып качат. Муну көргөн чоң багыштар жээнин «Сен Кубатбекти өлтүрдүм дедиң эле, эми качып баратпайбы. Сен калп айтып качырып ийдиң!» деп аны атып өлтүрөт экен. Демек «Бирөөгө ким ор казса, акыры өзү түшөт» дегендей иш болгон. Кубатбектин мунары Кызыл-Ойдо азыр дагы бар.

Алдаярбек

Ишенимдүү тарыхчылардын маалыматына караганда, XV кылымдан кийин түштүк Шыңжанда Жаркен хандыгы деген бир хандык бар эле. 1622-жылдары Кашкарда аким болуп турган Жолборскан деген Жеркенде хан болуп турган атасы Абдылда ханга кыргыздарды чаптырат экен. Абдылда хан Каракүчүк бий, Сатим бий деген кутчунун уруу баштыктарынын он миңдей колун кыргын кылган. Сатимбийдин баласы Алдаярбек Абдылда хандын алдына барып, көп тартуу берип кыргыздардын бала-чакасын бошотуп алган.

Кыргыз санжырачыларынын айтышынча, ошол ирет Алдаярбек Кашкардан качып азыркы Алдаярбектин белин ашып Каражүлгө келет экен. (Алдаярбектин белин андан мурун киши ашпаган, «Алдаярбектин бели» деп аталып калышынын себеби ошол). Алдаярбек Каражүлгө келип, андан тоо жагына чыгып Сары-тикенди көрүп сапсары тикен экен, Көк-Жарды көрүп суусу жок көк жар экен, андан Ингенди көрүп мында камыш калың экен, бугу, марал бар кенен жакшы жер экен, Шейитти көрүп от эле чагылат экен, кандай экенин биле албайм, бул жер шейит экен деген дешет. Демек ал жерлер ошол Алдаярбектин койгон аты боюнча аталып калган. Андан кийин Алдаярбек Анжиян жака барып Кошкулак, Эсенбек, Мурзакелди, Кагазды, Бирике сыяктуу кутчунун аттуу баштууларын көчүрүп келип орундаштырган экен. Андан кийин Кашкарга Абдылда хандын алдына өзү тартуу соога берип, мурунку чабуулда туткун болуп калган катын-балдарды бошотуп алган.

Абдылда хан тарыхта, 1642-жылдары кыргыздарга чабуул жасайт. Аксай жайлоосунда Койсары бий 30 уулду баштап келип, Абдылда хандын конушуна катуу сокку берет. Буга караганда Койсары бий жалпы сырткылык уруусундагы кыргыздарды бирлештирип келип, Абдылда хандын аскерлерин талкандаган, андан кийин 1661-жылы Абдылда хан бүтүн кыргыздар менен жарашат. Өзүнүн туугандары, балдарына ишенбей Алты шаардын бийлигин бүтүндөй кыргыздарга өткөзүп, өзү ажыга кетет. Койсары бийди Кашкарга, Алдаярбекти Котенге, Куртка бийди Ак-Сууга аким кылып бекитип кеткен. Алдаярбек болсо 1653-жылдары Котенде өлгөн. (1599-жылы туулуп, 1653-жылы өлгөн.)

Жалпы алганда, кутчу уруусу Каражүл кыргыздарынын 50 процентин, Ак-Чий элинин 30 процентин түзөт. Тобой, Караталдар Таласта жашайт.

НОЙГУТ УРУУСУ                       (Мазмунга)

Нойгут кыргыз элинин түпкүлүктүү урууларынын бири. Атактуу дастаныбыз Манаста сүрөттөлгөнүнө караганда нойгуттар Алтайда (Энесайда) жашагандыгы, ал уруунун Балта деген аксакалы Манастын таякеси болуп, Манасты тарбиялап коргогондугу, анын баласы Чубак Манаска өмүр бою жөлөнчүк болуп тургандыгы айтылат.

XVI—ХII кылымдарда Ак-Суу дарыясынын бойлорунда кыргыздын нойгут уруусу жашагандыгы кытай тарыхтарында ачык баяндалат. Биздин атактуу санжырачыларыбыздын айтуусунча, божомол менен 250 жылдар мурун Какшаал дарыясы менен Кумарык дарыясынын кошулушундагы Арал деген жерди нойгуттар борбор кылып турушкан. Бул жерлер мал өстүрүүгө өтө ыңгайлуу болгон. Аңчылык кылышка да эптүү болгон. Алар жай күнү Сапарбайды жайлайт экен. Булар мал өстүрүүгө, айрыкча жылкы өстүрүүгө көңүл бөлөт экен. Азыр дагы ошол жылкылардын уругунун саркындысынан калган Арал жылкысынын даңкы бар.

Бул уруунун Нойгут бий деген башчысы болгон. Анын малайы, кызматкери Көгөн деген киши болуп, кийинирээк ал Нойгуттун ордун ээлеп калган. Аялы алты уул төрөгөн болсо дагы турбай баары өлүп кеткен. Жетинчи ирет бир кыз бала төрөгөндө аны ырымдап «бул жаңылды» деп атын Жаңыл коёт. Кээ бирөөлөр Жаңылды Кара-Чийдин Кош-Дөбөсүндө туулган дешет. Көгөмбий Жаңылды асемдеп, алпештеп эрке багат. Эркекче кийим кийдирип, ат миндирип, эркек баланын сөлөкөтү боюнча чоң кылат. Ал кыз өзү да акылдуу, зерек, шайдоот, сезгирлүү болуп чоңоёт. Бала чагынан эле ок, жаа атууда теңдеши жок кылдат адис мерген болуп жетилет. Ал уучулукту жакшы коро турган. Мындайча айтканда, эр жигиттерге таандык иштердин баарын кыла турган болот. Ошондон аны эли сүйүп «мырза» дегенге кошуп Жаңыл мырза деп аташат. Бойго жетсе да турмушка чыкпайт. Акылдуу болгондуктан терең ойлойт да, чыгыш жагыбыз Кара шаарда кыргыздар менен байыртадан бери чабышып келген калмактар турса, батышта Кашкарда хан Турсун жана башкалар турса, атамдын эркек баласы болбосо, элин мага ишенип бел кылып турса, мен кайда барат элем дейт. Ал учурларда Кокон беги Үлбүрчөк Бургуй дегенди Кашкарды сурап жаткан Турсунбек деген феодал эзүүчү таптардын өкүлүнө жиберип, аны менен тил бириктирип, кол жыйнап нойгут элин басып алып, Жаңылды зордук менен катын кылмакчы болот. Жаңыл туюп калып элин-жерин бул ач көздөрдөн сактап калуу үчүн даярданып, экөө Марал башында учурашып катуу согушуп, Турсунбектин адебин берип талпагын ташка жаят. Ошону менен Маралбашыны каратып алып, ал жерге өзүнүн жакындарынан бир канча топ түтүндү көчүрүп барып, аларды чеп сактоого орундаштырат. Ошентип Жаңыл Мырзанын элинин атак абройу өсө баштайт. Уйгурлар дагы жакындашып, ого бетер катуу ынтымакташат.

Ошол учурларда азыркы Кыргызстандын Чүй дарыясынын боюнда кыргыз элинин башкаруу укугун колуна кармап турган чоң ак сөөк сарбагыш уруусу туруучу. Алардын Үчүкө, Түлкү деген ага-ини эки баштыгы болгон. Түлкү кичүүсү болуп, ал солто уруусунан бир байдын кызын алган экен, андан бир бала туулуп, баланын атын Тынай коёт экен, ал бала бешиктеги чагында эл жайлоого көчөт экен. Түлкү дагы көчүп көч жөнөй бергенде, ал келин атка минип туруп «Түлкү, бешикти мага алып берчи!» дейт. Түлкү бешикти алып бергенден кийин анын жанындагы теңтуштары аны тамашалап «Ой Түлкү баатыр, биз сени элибиздин төрөсү деп жүрсөк, катыңдын кулу экенсиң го!» дешет. Бул сөзгө Түлкү өтө арданып, катынынын чачын кесип, кер байталга мингизип, кементайды кийгизип коё берген экен. Баласы Тынайды Түлкүнүн энеси багып чоңойтот. Түлкү бир канча убакыт аял албай жүрүп калат. Түлкү Жаңыл мырзанын акылдуулугун, баатырдыгын, мергендигин, даңазасын угуп «Жаңылды өз көзүм менен көрөйүн, жакшы эле болсо алайын» деп агасы Үчүкө, достору Атагозу, Чабак жана бир канчалаган жолдоштору менен Чүйдөн аттанып, азыркы Ак-Чий ооданы аркылуу Ак-Суунун аралына келет. Ал убакта Жаңыл мырза үйдө жок болуп, Тянь-Шандын бооруна уучулук кылганы кеткен экен. Бир аз сактап, келбегенде, Түлкү өзү ак сөөктүк адатын кармап башкаларды теңсинтпей «Жаңылга мен бир тийишип көрөйүн» деп нойгуттун жылкысын бүтүндөй алып жөнөйт. Жаңылга тезинен кабар барганда, ал шашылып үйүнө кайрылбастан алардын аркасынан кубалап жөнөйт экен. Түлкү баатыр Какшаал дарыясын бойлоп Какшаалдын башындагы Ийри-Жардын алдындагы сазга жылкыны жуушатууга салып, чатырды тиктирип, бир бээни союп, этин кемегеге бышырып олтурушкан чакта Жаңыл Мырза жете келет. Жол жардын башында болуп, Жаңыл жардын башынан түшүп караса, кемегенин отунун жарыгынан чатырдын ооз жагында олтурган Үчүкө, Түлкү ашкере көрүнүп турат экен. Жаңыл сынап олтуруп Түлкүнү жактырып, «Эгер ушу мага чын махабат байласа, менин элимди кемсинтпегидей болсо мен ушуга турмушка чыксам да болгудай. Кыздын турмушка чыгышы байыртан калган жөрөлгө, ушундай болгондо сырткы душманга каршы туруу күчүбүз дагы артат эле», деп ойлонуп турат экен. Анын оюн сынап көрөйүн деп ууга ээрчитип барган тайганын коё берет, тайган аяка-быякка жойлоп, сойгон бээнин кан-жинин жыттап турганда, Түлкү баатыр көрө коюп «Баягы канчыктын канчыгы келип калыптыр, куралыңарды колуңарга алып даяр болгула» дейт. Бул сөздү Жаңыл Мырза угуп турат. Ал катуу арданып, «мени дегеле адам катарына албай итке теңейт экен» деп колундагы ок жаа менен тартып жибергенде Үчүкө, Түлкү экөө катар жыгылат. Быягында уктап жаткан Атакозу, Чабак экөө шашылып темтиреп ордунан туруп жатканда, аларды да атып жиберет. Жаңыл түшүп келип жолдошторуна: «мен силерге тийбеймин, коркпогула!» деп, эртең менен аларга көрдү каздырып төрт баатырды көмдүргөндөн кийин, алардын минишине бирден ат берип жолго салат. Бул жердин аты азыр дагы « Мөлө» деп аталат. Мөлөнүн мааниси кыргыз тилинде «кабыра» деген болот.

Үчүкө, Түлкүнүн жолдоштору Чүйгө жетип барып бул окуяны айткан соң эл журту өтө кайгырышат, арданышат. Булар масилеттешип Жаңылдын баатырдык айбатынан коркушуп, иш баштоого батынбайт. Акыры Анжиян, Ташкен жактардагы кыргыздардын башчысы, акылманы Шырдакбекти чакырат да, ал кишинин масилети боюнча иш көрмөкчү болушат. Алар «казак, кыргыз бир тууган» деп казактардын каны Тоокени жардамга чакырышат. Шырдакбек калгандарга «Аз убакта Жаңыл жайлоого көчүп Сапарбайга конуп жайлайт. Жетинчи айда улуш берет. Ошол учурдан пайдаланып, анын өзү минген атын алып калалы, жылкысын сүрөлү. Аны менен беттешип урушуп, аны жеңе албайбыз. Жаңыл кууп келатканда жашырынып туруп, капыстан тийип кармап алсак болот» деп жол көрсөтөт.

Ушул боюнча жай болгондо Шырдакбек, Калматай хан, Тоокелер колун баштап, Ак-Сай жайлоосуна келип дем алышат, эки шылуун, жарамдуу жигитти жерликче жасап кийиндирип жиберет. Алар Какшаал ылдый кирип, эл аралап жүрүп, меймандарды күтүп жүргөн учурдан пайдаланып, анын өзү минген атын алып качат. Жана бир нечеси Кара-Чийдеги нойгут жылкыларын сүрүп качат. Аңгыча Жаңыл бир атына тердик салып минип, жаасын колуна алып аркасынан кубалап жөнөйт. Аларга жеталбай жүрүп отуруп акыры Кара-Булак деген жердеги Ак-Башат же Чапкан-Кыя деген жерге барганда, жалпак таштын артына жашынып жаткан жаш баатыр Жаңыл өтүп баратканда жайдак аттын аркасына секирип минип, Жаңылдын эки колун карысынан куушура кармап, жааны атууга чамасын келтирбейт. Калгандары дагы келип биригип, Жаңылды Атагозу, Чабактын тууганы 70 жаштагы Калматайга олжо катын кылып беришет. Жаңыл Мырза карабагыш Калматайдын колунда мусапыр олжо катын болуп, бир канча жылдар жүрүп калат экен, ошол мезгилдерде элдердин өзүнө, малына коркунуч салган ак жолборс чыккан экен. Ал ак жолборсту кармашты эл Жаңылдан өтүнүшөт. Күндөрдүн биринде, ал жердеги эл үлүш берет. Жаңыл ак жолборсту кармап элдин алкышына ээ болгон экен. Тойго жыйналган эл таң тамаша кылып атканда «Жаңыл мырзанын ок жаа атуу кылдаттык өнөрүн көрсөк дешип» сунуш коюшат. Калматай дагы уруксат кылат экен. Жаңыл мырза «эмесе менин өз атым, өз кийимдерим, өзүмдүн ок жаа, саадактарымды берсеңиздер» дегенде, буларды алып келип беришет, Жаңыл өз атын минип, өз кийимин кийип, жаасын колуна алып, бир баланын калпагын асманга ыргытып, ал кайта түшкүчө тогуз жерин тешип атат, ичке жип менен байлап аскан жамбыны да үзө атат. Көргөн эл анын бул өнөрүнө жогору баа беришет экен. Анан Жаңыл Мырза «Силер мага катылбагыла, эгер мага катылсаңар катыгыңарды беремин, мен өз журтума кеттим» деп бастырып кетет экен. Калың эл «Мындай курбаттуу, жакшы адамды кулдантууга болбойт» деп аркасынан кубалабайт. Жалгыз Калматай кубалаганда жаа менен тартып жибергенде, калгандары токтоп калат. Жаңыл Мырза өз жерине келсе элинин көбү Лопнурга көчүп кеткен экен. Жаңыл Мырза Марал-Башыга мурун жол коргоо үчүн орундаштырган жакындары көчүп Марал-Башынын Сары-Кыя деген жерине орундашкан экен. Атасы өлүптүр. Жаңыл ошол Сары-Кыяга барып аларга кошулуп турган кезде, Кашкарда аскер баштык болуп Бакаманжы деген муңгул турган экен. Ал зордук күчүн иштетип Жаңылды алмакчы болгондо, Жаңылдын урук туугандары жана бүтүн кыргыздар биригип аны өлтүрүп жиберишет. Андан кийин Бостонтеректе турган Нарбий деген адам Жаңыл Мырза менен турмуш курууга жуучу салат. Жаңыл ага <<Мени оюнда ким жеңсе ошого тиемин» деп шарт коёт. Макулдашып экөө ат үстүндө алышып мында Жаңылды жеңалбайт, андан ордо атышат, мындан Жаңыл жеңилип калат да, убадасына уба кылып Нарбий менен турмуш курат. Андан эки балалуу болгон экен. Туугандарынын бир бөлүгүн Бостонтерекке көчүрүп барат. Сары-Мияда калып калган кыргыздар жерлик калктарга сиңишип кеткен болсо да, өз тилин жогото элек. Маселен, байыркы кыргыздардын аталмасы боюнча козуну марка дешет. Эми Жаңылдын туугандары нойгут деген уруунун калдыгы азыр деле Бостон-Теректе, Ак-Тоодо бар.

Жаңыл эри Нарбий жана балдары менен бирге Лопнурдагы туугандарына учурашууга барганда Кара шаардагы Бакаманжынын туугандары угуп калып алардын кайтыш жолун тосуп, аларды кармап, Жаңылды эри менен Башегим дарыясына агызып өлтүргөн экен. Эми Жаңылдын эли башка жайга качпай не үчүн Лопнурга качып барат? Мунун негизи бар. Карылардын айтышы. боюнча, байыркы замандардын Энесай доорунда Манас баатыр менен замандаш кыргыздардын кыз Сайкал деген баатыры болуп, ал Лопнурда туруучу экен. «Манас» дастанында сүрөттөлүшүнчө кыз Сайкал менен Манас экөө күч сынашмакчы болуп, бир убакта Ак-Суу дарыясынын боюнда экөө атчан кармашып калып, кыз Сайкал Манасты найза менен сайып түшүргөн экен. Жана экөө басташып ат сүрөгөн экен, бир-бирин сүйүшүп махабат байлашкан да экен, бирок кандайдыр экөө турмуш куралбаган, ошондой болсо дагы Манас баатыр өлгөндө кыз Сайкал анын өлүмүнө барып катышып, кошуп ыйлап, аза күткөн дешет. Сайкал Лопнурда туруучу экен. Эми Жаңылдын эли Лопнурга Сайкалдын урпагы — эли бар деп, аларды эш тартып көчүп барган дешет. Бирок Сайкалдын эли Лопнурга кандай орундашкандыгы жөнүндө анык маалымат жок. Бул жердеги кыргыздар ХV кылымдан баштап батыш Тянь-Шанга көчкөндө, алар бул жерде калып калган болушу керек. Андан башка азыркы Ток-Суу, Шайарларды, Чоң жылдыз, Кичи жылдыз, Тойболду деген жерлерде кыргыздар бар. Алар ошол жерлерге Кара шаардын Чоң жылдыз, Кичи жылдызынан көчүп келип отурукташып, ошол жерлерге наам коюп, кийин алардын урпагы уйгурларга сиңип кеткен деген аңыздар бар. Лопнур кыргыздарынын өз тилин азыркы уйгур интеллигенттери моюндабай турат.

Жаңыл Мырзанын кайсы убакта өткөнүнө келсек, Жаңыл Мырзанын замандашы Түлкүнүн төртүнчү урпагы Шабдан баатыр 1912-жылы өлгөн, анын замандашы казактардын ханы Тооке 1698—1718-жылга чейин хан болгон адам. Буга караганда, Жаңылдын өткөнүнө 200 жылдан жогору 300 жылга жетпеген убакыт болот.

АДИГИНЕ УРУУСУ                       (Мазмунга)

Биз мурун Адигине, Тагай бир тууган деген элек. Эми санжырачылардын айтышынча Адигиненин Муңгуш деген бир иниси болгон дешет. «Анжиян кыргыздары» же «Түштүк кыргыздары» деп аталган көп сандагы кыргыздар ушул Адигине менен Муңгуштан таралат. «Ат туягындай Адигине, Тай туягындай Тагай» деген эл макалы дагы Адигине урууларынын көп экендигин далилдейт.

Адигинеден Баргы, Бөрү, Жору, Бакал, Бөлөкбай, Тегизбай, Жаамбай, Кашка, Тасма, Токтош, Теним, Сейит сыяктуу 12 уруу таралат. Баргы уруусу Сары Баргы, Кара Баргы, Таз Баргы деп үч урууга бөлүнөт. Баргы уругунун Алимбек датка деген башчысы болуп, Анжиян кыргыздарын бийлеп турган. Ал өлгөндөн кийин аялы Курманжан ордуна олтурган.

Эми Муңгушган Каштамга, Жагалмай деген эки уулу, Каштамгадан алты уул, Жагалмайдан алты уул болуп ар бири бирден урууга таралат. Жагалмайдын алты уулунун биринин аты Жоош экен, мындан Балык, Кожожар (Кудаяр), Ороз деп үч уул болгон. Жалпы Жоош уругу ушул үч атадан таралат. Биздин Ата Мекенибиздеги жоош уругу бул үч атанын биринен болуп алты ата уулу Кудаяр деп агалат. Абыке, Мама, Имен жана башкалар болуп 12 уруу Муңгуштун балдарынан тараган. Тармак уруулар 49га жетет экен.

КЫПЧАК УРУУСУ                       (Мазмунга)

Кыпчак уруусу бүтүн кыргыз улутунун ичинде болуп, кытай кыргыздарынын ичинде көбүрөөк санды ээлейт. Булардын келип чыгышы кыргыз санжырачыларынын айтуусунча 40 уруу кыргыз элинин 30унан сырткылык тараса,10унан ичкилик тараган. Ушул кыпчактардын азыркы Кызыл-Суу дарыясынын оң тарабында орундашкан уруулары ичкилик — оң кыпчактар, сол тарабында орундашкан уруулары сол кыпчактар деп аталат. Мына буларды жограпиялык (географиялык — ред.) жагдай ушундай бөлүп тил, үрп-адат жагынан да бир-биринен көп айырмаланат. Азыркы заман тарыхчыларынын карашынча, айрыкча татар тарыхчысы Шыхаптын «Пайдаланууга тийиштүү кабарлар» деген китептин мазмунуна караганда, кыпчак байыркы түрк урууларынын бири болуп, батыш жактагы душмандан коргонуу үчүн Орол дарыясынын чыгыш жагындагы кең талаага орундашкан. Бул Азиянын батыш чек арасы болуп, тарыхта Дешти кыпчак (кыпчак талаасы — ред.) деп аталган жана «Дешти кыпчак кандыгы» деген кандыгы да болгон. Булар узун убакыт бул жерде күчтүү, күжүрмөн эл болуп турган. XVI—XVII кылымдарга келгенде булардын бийлиги жыгылып, коомдук түзүлүшү бузулуп таркалат. Байыркы Ата Мекени болгон Орто Азияга карай качып келишет. Алар өзбектердин, казактардын арасына, көбүрөөк бөлүгү кыргыздардын арасына келип турукташып, бара-бара сиңип кеткен дагы муруңку кыпчак деген атын сактап келген. Азыркы убакытта кыргыз ичинде, казак ичинде, өзбектер ичинде кыпчак деген уруулардын келип чыгышынын себеби мына ушул.

Кандай болбосун бул уруу баатыр, жоокер, эркиндикти сүйө турган, бийлик иштерин колуна кармап келген, өздөрүнүн өнүгүшүндө көптөгөн баатырларды көңтөрүшчү азаматтарды жетиштирген эл. Маселен, XV кылымдарда Мисирди башкарып туруп дүнүйөгө таанылган Кайтпай, Тооманбай, ХVI кылымдарда чыккан Курманбек, XVII—XVIII кылымдарда чыккан

Шырдакбек, Акимбек, XIX кылымда чыккан Дилде баатыр, Сыдыкбек, жакынкы заманда Таш-Коргон көңтөрүшүнө башматчылык кылган Мамбет Айса, Аким Шерип Аамат, Кожокелди сыяктуулардын бардыгы зулумга каршы күрөш кылган жоокер баатырлар болуп эсептелет. Эми негизги баатырларына кыскача токтолобуз.

Кайтпай менен Тооманбай

XIII кылымдын баштарында муңгулдар күчөп Чыңгызхан жана анын балдары батышты көздөй зор күч менен сүрдүү чабуул жүргүзүп Орто Азиядагы Харазем кандыгын, Багдаддагы Мухаммед байгамбардын из басары болгон арап халипалыгы сыяктуу чоң мамлекеттерин басып алып, кыргындап Мисирге чейин жетип барган эле. Мына ошол убакытта Мисирди башкарып турган «Колдар дөөлөтү» деп аталган бир дөөлөт болуп, булар Чыңгызхандын чабуулуна кайтарма соккой берип, кайта кубалап чегиндирген эле. Ошондон кийин Чыңгызхандын күчү кайта баштап, кайта чегинген болучу. Мына ушул дөөлөт арап тарыхчыларынын ишеничтүү маалыматына караганда, араптар Орто Азияга жүрүш кылганда бул жерлерден туткун кылып алып барып кулдантып, ордо кызматына иштетип жүрүп кийинирээк такытка ээ болгон. Асили булар кыпчак уругунун урпактарынан чыккан. Булардан Кайтпай, Тооманбай деген эки баатыр болуп, көп каармандык иш издери болгон. Бул экөөнүн эки кылычы азыр дагы Каирде дөөлөттүк музейканасында сакталып турууда.

Курманбек

Бул баатыр зулумга каршы күрөшкөн жоокер. Ал кыргыз элинин тарыхтан берки өчөгүшкөн жоосу Муңгул баскынчыларына каршы күрөш кылган. Кыргыз элинин муруңку жөрөлгөсү боюнча 40 жигит кармаган. Ал өзү муңгулдардан коргонуу үчүн Үч-Турпанга сепил соктурган. Өзүнүн Телтору атын байлап сактай турган орун жасаткан. ХVI-кылымдын аягында Кашкарда кан болуп турган. Адилеттик оор басыктуулук менен элине жаккан Ак кан же болбосо Аппак кан (өз аты Абдлитин кан, 1618-жылы дүнүйөдөн кайткан) менен чыныгы дос болуп, бул эки улут биригип туруп зулумга каршы күрөшкөн. Акыры Кара-Шаардагы муңгулдар менен болгон бир урушта жөлөгү жок жалгыз болгондуктан, душман колдуу болуп дүйнөдөн кайткан.

Шырдакбек

Шырдакбек ХVII-кылымдын аягында өткөн кыпчак элинин баатыры жана акылман башкаруучусу болуп, зор атакка ээ болгон. Өзү Анжияндын Пайтык деген жеринен болуп кийинчерээк Нарындын Куртка деген жеринде турган. Бул жерде сарбагыштардын Үчүкө, Түлкү деген баатырлары баатыр кыз Жаңыл Мырзанын колунан өлгөндө, алар баатырларынын кунун кууп алуу үчүн кол курап жүрүш кылууга даярданганда, Шырдакбекти чакырып келип кол баштоону өтүнүч кылган. Шырдакбектин масилети, акыл көрсөтүшү боюнча иш жүргүзүшүп, Жаңыл Мырзаны да колго түшүргөн.

Шырдакбек кийинчерээк Шиңжанга келип, Жаркенге аким болуп турган экен. Андан кийин азыркы Ак-Тоо ооданы курулган жерге сепил соктуруп ошондо турган. Ал акыркы өмүрүндө кыргыз элинин тарыхтан берки жоосу болгон калмактар менен кармаша келген, чыккынчы катын кастыгы себепчи болуп өлөт экен. Шырдакбектин катыны жоого сатылып, анын жаткан жерин, коргонуу абалын, балким жалпы абалын душманга ашкерелеп берген экен. Душмандар катындын айтуусу боюнча түн ичи кокусунан басып кирип, Шырдакбекти кармаган. Анын катыны эринин боз жоргосун минип алып жоого карай качып келип багынып кирип кетет. Калмактар «Шырдакбек сени кандай асырап багуучу эле?» деп сураганда, катын: «Шырдакбек мага аптасына 40 кара койдун шийбылчагынын чучугун жыйнатып, ошого палоо жасатып багуучу эле» деген экен. Алар: «Эмесе ушундай урматтаган кишиге опаа кылбаган соң, бизге да опаа кылбастыгың анык» деп боз жоргонун куйругуна байлап, тикенектүү какырага коё берип өлтүргөн экен. Анын урпагы Аким Шерип Таш-Коргон көңтөрүшүнө баштык болгон. Мындан башка Кокон кандыгына зуңли (аскер башы — ред.) болуп, алардын тагдырын, укугун өз колунда кармап келген. Мусулманкул деген дагы кыпчак уругунан. Бул кандыктын бүтүн аскери иштерин башкарып турган Молдо Алымкул деген да кыпчак уругунан болуп 1865-жылы Оштун Миң-Өрүк 2 деген жеринде курман болгон.

Дилде баатыр

1816-жылы Кашкарда Зияудун деген бир билимдер адам манчиң (Чин империясы — ред.) өкүмөтүнө каршы козголоң көтөрүп, бир нече убакыт урушуп, акыры жеңилгенде Зияудун менен кичинекей баласы Ашапбекти кармап Бейжинге алып барып атасын дарга асып өлтүрөт. Баласы кичи болгондуктан багып жүрүп, балагатка жеткенде аны да дарга асып өлтүрөт. Кытайча тарыхта, Зияудунду кыргыз улутунан деп жазылган. Бизге улуту азырынча анык эмес. Эми анын кол астында аскер башчысы болуп жүргөн Дилде баатыр деген адамды кармай албай бир нече убак тоо-ташта уруш кылып жүрүп, акыры манчиң өкмөтү кармап бастырат. Ал киши кыргыздын кыпчак уруусунан болуп, бул кишинин жыл ашын өтө зор салтанаттуу өткөрөт. Ак-Чийден Ажыбек баатырдын агасы Исмайыл башчы бир канча кишилер барып ашка катышып, Күлүк күрөй деген атты чаап, ал чыкканда бир адам баштап бир канча байге алып келишкен.

Кимбек менен Сыдыкбек

Кимбек кыпчак уруусунун башчыларынан болуп манчиң өкүмөтүнүн Чанлоң каны ваңдык мансап берген. Кимбектин аты мамлекеттик архивде сакталууда.

1862-жылы Сыдыкбек деген киши манчиң өкмөтүнө каршы козголоң көтөрүп, Кашкарды тартып алып эки жыл турган соң Якуббек тарабынан бастырылган. Бул өзү кыпчак уруусунан болуп, азыркы Ак-Тоо ооданы курулган жерге жакын Ягычак деген кыштоодон экен.

Кыпчактар негизинен кыпчак, найман, тейит, кесек деп төрт чоң урууга бөлүнүп, булардын ичинен да бир нече майда уруулар таралат. Кыпчак 7 урууга, Найман 7 урууга, Тейит 9 урууга, Кесек 12 урууга бөлүнүп таралат.


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ