“Манас бабабыздан бүгүнкү күнгө чейин”
китебинен үзүндү

Бактыбек Максүтов


         ♦Максүтов Бактыбек Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн.
    1990-1995-жж Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономика, бюджет жана финансы маселери боюнча комиссиянын секретары,
    1990-1995-жж Кыргыз Республикасынын Контролдоо палатасында инспектор,
    1997-жылдан 2000-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп иштеген.
    Азыркы учурда "Айкөл Манас баяны" фондунун төрагасы болуп иштеп келе жатат.
    "Айкөл Манас баяны" баш болгон 30дан ашык китептин, 10 драманын автору.
    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон, Коомдук Манас академиясынын академиги болуп шайланган.

    Т    Ү   З   Ү   М   Ү

  • МОҢОЛДОР МЕНЕН ЧЕРИК УРУУСУ ЖӨНҮНДӨ

  • АДИГИНЕ, МУҢГУШ УРУУСУ

  • АЛЫМБЕК ДАТКА МЕНЕН КУРМАНЖАН ДАТКА ЖӨНҮНДӨ

  • КУШЧУНУН БҮРГӨ БААТЫРЫ, САРУУНУН БЕРДИКЕ БААТЫРЫ, МУНДУЗДУН МАМЫР БААТЫРЫ ЖӨНҮНДӨ

  • ОРМОН ХАН НИЯЗБЕК УУЛУ

  • КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

  • Ата-теги жана урпактары

  • Калыгул даанышман

  • Калыгул олуя

  • Калыгул кыргыз акындарынын атасы

  • Калыгул атанын эстелиги

  • КЫДЫР АКЕ БАЯНЫ

  • Кыдырдын өнөрү

  • Кыдырдын арманы

  • Кыдыр Акени акыркы сапарга узатуу

  • «Өз бабаларыңдын атактуу экенин айтып гана
    койбой, мактануу да керек. Аларды сыйлабоо —
    уят келтирээрлик наадандык»
    А. С. Пушкин

    УРМАТТУУ ОКУРМАН                                                  (түзүмгө)

        Адамзат коомунун тарыхына карап, көз салып, кененирээк ой жүгүртүп отурсаңыз мезгилинде нечендеген калктар жашап, көз тайгылткан укмуштуудай кооз шаарлар курулуп, зор мамлекеттер түзүлгөн экен. Бирок арадан мезгил өтүп, заман өзгөрүлүп, алардын айрымдарынын аты калса калып, калбаса кумга сиңген суудай далайы ың-жыңсыз тарыхтан өчүп калганын окуп да, угуп да жүрөбүз.
        Нечен заман өтсө да кыргыз эли бирде дүркүрөп, гүлдөп өсүп, толкуп-ташып, ааламды дүңгүрөткөн, Азиядагы улуу мамлекеттин бирине айланса, бирде куурап, бирде бөксөрүп, какшый турган болуп, кээде чабылып, чачылып, акыры мандайга жазган багыбызданбы, же үйүбүзгө жылан кирсе ак чачып чыгарып койгон аппак пейилибизденби ушул доорго жетип, эли-жерибизди аман сактап, эгемендүү өлкө болуп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилеп олтурабыз.
        Далай кандуу кармаштардан, кызыл кыргын согуштардан сактап, биздин эл болуп, журт болуп түбөлүк жашоо кечирип калышыбызга Манас бабабыз, Барсбек каган баш болгон ажолордун, андан кийинки Тагай бий, Манап бий, Мааматкул бий, Эсенгул, Атаке, Курманбек, Тайлак, Жайыл баатырлар, Ормон хан жана башка биз билген, билбеген азамат ата-бабаларыбыздын өлчөөсүз зор салымы бар. Алар айкөлдүк, баатырдык, айлакерлик, акылмандык менен эли-жерин коргоп, керек учурларда өз өмүрлөрүн да, каны-жанын да аябай, келечек урпактары үчүн жан кыйышкандыгы улуу дастандарда, санжыраларда айтылып, бүгүнкү муундарга жетип олтурат.
        Заман өзгөрүлөт, бийлик тынымсыз алмашып турат, жашоо улана берет. Ал эми эл үчүн, мекен үчүн ак кызмат кылган азамат уулдардын аты элинин жүрөгүндө кылымдан кылым өтсө да, түбөлүккө сактала бермекчи.
        Ата-бабалардын кандуу кармаштарда көрсөткөн эбегейсиз эрдиктерин, баштарынан кечирген адам чыдагыс оор турмуштарын, калайык калкка кылган ак кызматын, эркиндик, азаттык үчүн болгон согуштарда миндеген, он миндеген адамдардын башын жуткан чоң жоготууларды, кийинки урпактары билип калсын, атуулдук ар-намысы козголуп, кыйын-кысталыш мезгилде, улутубуздун келечек тагдыры курч устаранын мизинде турган учурда, бабаларынын атам замандан берки ата салтын колдоп, адилет ишин улантып, тилин унутбай, дилин бөлөккө бурбай, эли-жерин, Мекенин сырт душмандардан коргоп калууда азбы-көппү тарбия-таалими тийээр деген аруу тилек менен бабалардын ушул кыскача баянын сунуш кылып олтурабыз.
        Эми баяныбызды башкасын коюп, «Манастан» баштайлы.

    БАБАБЫЗ МАНАС ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ                                                  (түзүмгө)

        «Манас» эпосу кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан асыл мурасы, баа жеткис байлыгы, маданиятыбыздын туу чокусу. Көлөмү, мазмуну жагынан ааламда теңдешсиз улуу чыгарма.
        Ал дүйнөгө атагы чыккан гректердин «Илиада менен «Одиссеясын» кошкондогудан 20 эсе, индустардын «Махабхаратынан» 2,5 эсе, фарсы тилинде чыккан «Шах-намеден 5 эсе, карел-фин эпосу «Калеваладан», армян эпосу «Давид Сасунскийден» алда канча көлөмдүү.
         «Манас» эпосу басма сөздөрдө биринчи жолу 1505-жылдарда жазылып бүткөн «Мажму атут -таворих» (Тарыхтардын жыйнагы, Бишкек, 1996-жыл,45-62-бб. ) китебинде айтылат.
         Казактын окумуштуусу Чокон Валихапов (1835-1865) 1856-жылы полковник Хоментовский башчылык кылган орус экспедициясына кошулуп, Ысыккөлгө келгенде Түп аймагынан белгисиз манасчыдан «Көкөтөй кандын ашын» жазып алган. 1904-жылы Санк-Петербургдан жарык көргөн «Жунгария очерктери» деген эмгегинде «Манас» эпосу жөнүндө өзүнүн ой-пикирин кеңири баяндаган.
        Ал эми Василий Радлов (1837-1918) «Түндүк түрк урууларынын элдик маданиятынын үлгүлөрү» деген китебинин кириш сөзүндө «Манас» эпосуна жогору баа берген.
        «Манас» эпосунун ааламдагы теңдешсиз күчүнө жипсиз байланган улуту немис, бул улуу окумуштуу кыргыз жергесинде бир нече жолу болуп, азыркыдай илим-билим өнүкпөгөн, жазма техникалары болбогон, ойдогудай котормочу жок заманда 12454 саптан турган «Манастын» үч илтигин бир топ түйшүк тартып жазып алган. 1885-жылы Санк-Петербургда кыргыз тилинде, Германиянын Лейпциг шаарында немис тилинде чыгарган.
         «Манас» эпосун жыйноо, изилдөө, басмадан чыгаруу, калайыктын калың катмарына жеткирүү 20-кылымдын 20-жылдарынан кийин гана колго алына баштаган. Эпосту алгачкы жазуу иштери К. Мифтаков тарабынан 1922-жылы башталган. 1926-жылы Ы. Абдыракманов талыбаган эмгек, бир топ мээнет менен залкар манасчы С. Орозбаковдан эпостун 1-бөлүгүн толугу менен жазып алган. Анын көлөмү 180378 ыр сабынан турган.
        1925-жылы «Семетейдин» үзүндүсү Москвадан араб тамгасы менен китеп болуп чыгат.
        Ал эми 30-жылдардын ичинде Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо, Багыш Сазанов, Шапак Ырысмендеев, Жаңыбай Кожеков, Акмат Ырысмендеев, Актан Тыныбеков ж. б манасчылардан манастын варианттары жазылып алынат. Ушуга удаа эле «Манасты» басмадан чыгаруу жана орус тилине которуу иштери колго алына баштайт. Бул ишке белгилүү окумуштуу, профессор Е. Д. Поливанов, атактуу котормочулар: С. Липкин, Л. Пенковский, М. Тарковскийлер тартылат.
        1935-жылдын февраль айында республиканын Эл комиссарлар Совети «Манасты» басмадан чыгаруу жөнүндө атайы чечим чыгарат жана бул максатта 80 миң акча каражатын бөлөт.
        Кан күйгөн Улуу Атамекендик согуш мезгилинде да «Манасты» жыйноого, бастырууга өзгөчө көңүл бөлүнүп, «Манас» сериялары деген жалпы ат менен эпостун көптөгөн варианттарынын негизинде он бир жолу китепче чыгарылат.
        1943-жылдан баштап С. Каралаевден «Семетей», «Сейтек» жазылып алынат. Ошол мезгилдерде М. Мусулманкулов баш болгон башка манасчылардан манастын варианттары кагаз бетине түшүрүлөт.
        1947-жылы кыргыз элинин улуу эпосу «Манастын» 1100 жылдык юбилейин өткөрүү белгиленет. Бул максатта 1945-жылы «Манас» эпосунун юбилейин өткөрүү боюнча республикалык комитет түзүлөт. Бир катар уюштуруу иштери жүргүзүлүп, эпостун 14 тому басмага даярдалып, 4 тому өндүрүшкө берилет. 1948-жылы эпостун С. Липкиндин котормосунда 2-томдугу, Л. Пенковскийдин котормосунда 3-томдугу даяр болот.
        1952-жылдын 6-10-июнунда СССР ИАнын Президиумунун демилгеси жана СССР ИАнын Кыргыз филиалы менен СССР ИАнын тил жана адабият бөлүмү жетекчилик кылган төрт күнгө созулган, «Манас» эпосун изилдөөгө арналган конференция өтөт.
         Конференцияга Кыргызстандын, Москва, Лениграддын жана союздук республикалардын илимий кызматкерлери, жазуучулар, советтик жана партиялык кызматкерлер, коомчулуктун өкүлдөрү, баары 400гө жакын киши катышкан.
         Конференцияга Өзбек ССРинин ИАнын мүчө-корреспонденти, профессор А. К. Боровков «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндөгү маселе» боюнча доклад жасаган. Бул темага байланыштуу философия илимдеринин кандидаты А. Д. Дөөлөткелдиев жана СССР ИАнын М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институнун старший илимий кызматкери М. И. Богданова кошумча доклад жасашкан.
         «Манас» эпосунун негизги варианттарына обзор» деген темада экинчи докладды жазуучу Ө. Жакишев жасаган. Ошондой эле эпостун варианттары боюнча К. Маликов, филология илимдеринин кандидаты А. А. Валитованын кошумча докладдары угулган.
         Конференцияда ошондой эле филология илимдеринин кандидаты Б. Керимжанова, Кыргыз ССРинин эл акыны А. Токомбаев, Сталиндик сыйлыктын лауреаты Т. Сыдыкбековдун кошумча докладдары, «Манас» эпосун изилдөөнүн милдеттери жана абалы жөнүндө» СССР жазуучулар Союзунун башкармасынын мүчөсү, профессор Л. И. Климовичтин доклады угулган.
        Докладдарды жана кошумча докладдарды талкуулоого М. Ауезов, А. Бернштам, Б. Юнусалиев баш болгон белгилүү окумуштуулардан, илимпоздордон бардыгы болуп 24 киши катышкан.
        Конференция өз чечиминде «Манас» эпосу негизинен элдик экендигин белгилеген. Ошондой эле «Манасты» жыйноодо, изилдөөдө, басмадан чыгарууда, орус тилине которууда айрым кемчиликтерге жол берилгендиги көрсөтүлгөн.
         «Манас» эпосун жыйнап, текстин басып чыгарып даярдоону зарыл деп тапкан.
         Бул конференция «Манас» эпосун мындан ары изилдөө, жыйноо, басмадан чыгаруу иштерине кенен жол ачкан.
        1954-жылы Тил жана адабият институтунда «Манасты» изилдөө, үйрөнүү, бастыруу максатында атайын сектордун уюштурулушу «Манас» эпосун калайык калкка жеткирүүгө шарт түзүлдү.
        Эпостун бириктирилген кыскача варианты, 1958-жылы «Манастын» 1-2-китеби, 1959-жылы «Семетейдин», 1960-жылы «Сейтектин» басмадан жарык көрүшү кыргыз маданиятында урунттуу окуялардын бири болуп калды.
        Эпостун үзүндүлөрү орус тилинде өзүнчө китеп болуп, эки жолу жарык көргөн.
        С. Орозбаковдун варианты боюнча 1978-1981-ж. ж. «Манас» эпосунун 4 китеби, С. Каралаевдин варианты боюнча «Манастын» 1-китеби 1984-жылы, 2-китеби 1986-жылы, «Семетейдин» 1-китеби 1987-жылы, 2-китеби 1989-жылы, «Сейтек» китеби 1991-жылы жарык көргөн.
        Академик В. М. Жирмунский, илимдин докторлору А. Н. Бернштам, А. А. Петросян, М. И. Богдановалар «Манас» эпосуна аябай кызыгышып, анын идеялык-көркөмдүк жагын изилдеп, бир катар баалуу илимий эмгектерди жазышкан.
        Казак элинин окумуштуусу, дүйнөгө белгилүү улуу жазуучу Муктар Ауезов 1928-жылы алгачкы жолу С. Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосу менен таанышып, анын сыйкырдуу керемет күчүнө тартыла баштаган. Кийинчерээк кыргыздарга үзбөй катташып, залкар манасчы Саякбай Каралаев менен достошуп, анын өз оозунан далай жолу «манасын» уккан. Эпосту узак жылдар бою изилдеп, «Манас»- кыргыз элинин баатырдык эпосу» деген көлөмдүү эмгегин жараткан.
        1952-жылы «Манас» эпосу боюнча өткөрүлгөн конференцияда Муктар Ауэзов кыргыздын белдүү окумуштуулары, жазуучулары, коомчулук менен бирдикте эпостун маанисин бурмалап, анын келечек тагдырына балта чаба турган айрым ичи тар, көрө албас, журтбезер, бузукулардын кара ниет ойлорун таш каптырып, кемчиликтерин ашкерелеп, «Манастын» нукура элдик чыгарма, кыргыз элинин өлбөс-өчпөс, көөнөрбөс мурасы, баа жеткис энциклопедиясы экендигин далилдеп чыгышкан.
         «Манас» эпосун илимий жактан изилдөөдө, элибиздин нечен кылымдардан бери келе жаткан улуу мурасын сактоодо, коргоодо, калайык калкка таратууда академик Болот Юнусалиевдин, акын-жазуучулар Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Түгөлбай Сыдыкбековдун, окумуштуу-тилчилер Тазабек Саманчин, Ташым Байжиев, Зыяш Бектенов, Калим Рахматулин, Жапар Шүкүровдардын эмгеги зор болгон.
        19-20-кылымдарда жашаган атактуу таланттар жана чоң манасчылар төмөнкүлөр: Келдибек Карбоз уулу (1800-1880), Балык (Бекмурат) Кумар уулу (1799-1887), Музооке (1800-1878), Чонду (1862-1912), Акылбек (1840), Тыныбек Жапы уулу (1846-1902), Найманбай Балык уулу (1847-1913), Кенжекара Калча уулу (1859-1929), Дыйканбай (1873-1923), Багыш Сазан уулу (1878-1958), Чоюке Өмүр уулу (1880-1925), Тоголок Мол-до (1860-1942), Шапак Рысменди уулу (1863-1956), Куйручук (1866-1940), Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930), Саякбай Карала уулу (1894-1971), Жаңыбай Кожек уулу (1869-1942), Жакшылык Сарык уулу (1880-1934), Молдобзсан Мусулманкул уулу (1883-1961), Мамбет Чокмор уулу (1896-1973), Дуңкана Кочуке уулу (1886-1981), Ыбырайым Абдырахман уулу (1888- 1967), Акмат Рысменде уулу (1891-1966), Жусуп Мамай (1918). (Советбек Байгазиев, Манастаануу, 2000-жыл, 136-6.).
        Элибизден жогоруда аты аталгандардан сырткары да биз билген, билбеген ондогон залкар манасчылар чыгышкан жана алар манасты күндөп-түндөп, айлап айтышкан. Ошентип атадан балага, укумдан-тукумга калып, бир бөксөрүп койбой, өнүп, өсүп, өркүндөп, тоодой тоскоолдуктардын баарын жеңип, бүгүнкү күнгө чейин жетип олтурат.
        1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы дүйнөлүк масштабда өткөрүлүп, планетанын төрт тарабынан өкүлдөр келип катышты. Нечеңдеген ондогон жылдар бою козголуп, бирок жүйөлүү себептер менен турмушка ашпай келе жаткан калайык калктын ой-санаасы ишке ашты. Эгемендүүлүктүн шарапаты менен кылымдардан кылым улап келе жаткан асыл мурасыбыздын жылдызы жанды. Манас аркылуу кыргыздар дүйнөгө таанылды. Кыргыз аркылуу Манас дүйнөнү дүңгүрөтүп, ааламдын чар тарабын аралады.
        Кыргыз бар жерде, кыргыз жашаган заманда кылымдан кылым өтүп доорлор алмашса да, ата-бабалардын бул ыйык мурасы түбөлүккө жашай бермекчи.
        Төмөндө «Манас» эпосунун кара сөз менен жазылган вариантынан үзүндү келтирели: …
        Күн кылкылдап батканда, элдин асты жатканда, кайран катын Каныкей Кошой, Бакай, Төштүктү чакыртып алып, кабырга сөөгү сөгүлүп, көзүнүн жашы төгүлүп, аларга кайрылып айтып турду:
        - Капкалуу кара каапырдын калаасын камап, найза кармап, топ бузган, бүткүл ааламдын каны, Кошой аба. Башыма каран түн түшүп, жеке менин эмес, бүткүл кыргыздын эртеңки күнү кандай болоору белгисиз болуп турган учуру, үзүлгөнүбүздү улап, чачылганыбызды жыйнап, өчкөн отубузду тамызып, өлгөн жаныбызды тиргизип, бир айласын таппасаңыз болбой калды. Айкөл Манас иниңиз, өлөңдүү жерге өрт коюп, кара сууга кан куюп, каршылашкан душмандын канын суудай төгүп, “Кабылан Манас” атыгып, жалпы кыргыздын кызматын кылып, элдин биримдиги, эркиндиги, келечеги үчүн айрым тентектерге колу тийип калган жери бар эле, кол салып келип кыргызды басам дегенди, дүнүйөсүн чачам дегенди кордук кылган эли бар эле. Көпчүлүккө көргөзүп, ачык койсок Айкөлдү, көрүнөө койсок Манасты, кудайдан да коркпогон жүзүкара айрымдар көрдү ачып албасын, жол үстүнө сүйрөтүп, өлүктөн өчүн алчуудай даңгыттарга жарбасын. Мунун акылын кандай табабыз, айласын кандай кылабыз? Айкөлдүн аркасында калган эркек бала жаш, мунун эртеңки күнү кандай болот? Айкөлдөн далай запкы жеген капталдагы калмактын, кыр жактагы кытайдын, туш тараптагы нээти кара душмандын айласы кетип эле араң турат. Чамасы келсе ыгын таап, үйүңдүн баарын кулатып, элиңдин баарын ыйлатып, эриңдин баарын кырып, жоюп, чоң дүмөктү салсам деген мындан көп.
        Каныкейдин зар какшап айткан сөзүн кунт коюп угуп, эмне кылардын айласын таба албай, далай жолу калайык калктын тагдырын чечкен, нечен кан төгүшкөн уруштарды көрүп, чоң казатка катышкан жанында турган үчөөнүн башы маң болуп, шалдырап отуруп калышты.
    .     Каныкей Айкөлдүн сөөгүн Кошой, Төштүк канына жуудуруп, супка салып оротуп, табытка салдырды. Өзү Тайбуурулга минип, Кошой, Бакай, Төштүктү, Көкбөрү менен Коенаалыны ээрчитип, табытты чоролорго көтөртүп, Эчкиликтин Кара-Зоосундагы мурдатан камдаткан жайына алып келди. Кырк жылы сууга чыласа кылт этип чети оңбогон, сексен жыл сууга чыласа серпилип чети койбогон, алтын түрлүү килемди астына кынаптап жайдырды.
        Кошой, Төштүк үңкүргө кирип, алланын буйругуна көнүп, өз колдору менен Манасты жайына тапшырып чыгышты.
        Катагандын кан Кошою Каныкейдин адамдан өзгөчө акылмандыгына, айлакердигине ыраазы болуп, жалынып турду.
        - Каныкей балам, кара сурдун сулуусу, ургаачынын нурдуусу, сени катын деген оңбосун, сени ургаачы дегендин, эгерде иши эки болбосун.
        Ал жерди таштап кете албай, Манасты жерге кыялбай, баргандар кейип бир аз турушту да, таң агарып кетпесин деп шашкан бойдон кайра тартышты.
        Эпсиз чебер, ченемсиз акылман Бакай жоон теректи кыйдыртып келип, Манастын тулку боюна окшотуп, колуна колун тууралап, бутуна бутун чактап, жасаткан дөңгөчтү супка салып оротуп, булгаары менен чаптатып, сыртына ак кийгизди жаптырып табытка салышты.
        Бир миң кара төөнү дооранына байлап, Анжыяндын аркагы кымбат сары ала, Букардын пулу кымбат кара ала кездемелерин жыртышына жырттырып, ат башталган алтымышын ак эшенге, төө баштаган токсонун кырк эшенге берип, акыбыз бар дегендерге жалтылдаган семиз бээ берип, доо доолаган кандарга буттап алтын зер берип, тиешелүү ырым-жырымдын баарын жасашты.
        Мурдатан Манаска арнап салынган коргонго алып барып, “айкөлүм” деп колжойтуп жыгачты көөмп салышты. Кошой, Төштүк турушуп, өлүүчү антты кылышып, ак буудай унун чайнашып, келем-шарып кармашып, убаданы бек кылып, өлүп кетер шерт кылышты.
        Кан Бакай келгендердин баарына кайрылып айтып турду:
        - Айланайын ага-тууган эл. Өзүңөр көрүп турасыңар, айкөлдүн артында калган бала жаш. Элибиздин ар намысын туу тутуп, Айкөлүбүздүн кызматына бир кишидей болуп, тикебизден тик туруп, бүткүл жер үстүндөгү элге дүң болгудай Манастын ашын берели. Акылды бирге кылып, кас санаган, баскынчы душман болсо бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып, элибиздин эркиндиги, теңдиги үчүн, келечек муундардын мындан аркы тагдыры үчүн төбөсүнөн басып, төрт түлүгүн чачып, элди жоодон коргоп, бекем туралы. Айкөлдүн баласынын жашы он экиге келгенче көзүбүздүн кырын салып, аман-эсен жакшылап өстүрөлү.
        Урумкандын Көкбөрү, эл четинде жүрөсүң, колуңду үзбөй, Талас менен байланышып, акыреттик досуң Манастын элинен кабар алып тур. Карачанын Сайкалы, убаданы бекем кылып, Манастын ашын бергенде өзүң туу түбүндө туруп, антташканың Манаска бекем кызмат кылып бер. Калк атасы кан Кошой, кабыланың Манастын ашын башкарып, өзүң баш көз болуп, бүткүл жер үстүндөгү калкка кабар айттырып, күн батыш менен күн чыгыштагы бардык элдерди чогултуп, дүнүйөнү дүңгүрөтүп, ааламда болуп көрбөгөн, кылымдардан кылымдарга айтыла жүргүдөй, кан Көкөтөй ашынан алда канча ашык болгудай ашын өткөрөлү. Арбагы жетип жылдызга, канын төгүп, жанын берип, ата болгон кан Манас, ак калпактуу кыргызга. Каны өлгөндө баары өлүп, өрт өчкөндөй болбойлук. Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү элбиз, өлгөн сайын өрчүгөн, өжөрлүү, намыскөй журтпуз. Манастын арбагын сыйлап, жалпы кыргыз аянбай Айкөл үчүн ак кызмат кылалы, кагылайын калайык!
    Бишкек шаары.
    1995-жылдын апрель айы.
    (Б. Максүтов, «Айкөл Манас баяны», 2-китеп, Бишкек, 2004-жыл, 189 б.) .

    БАРСБЕК КАГАН                                                  (түзүмгө)

        Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы татыктуу белгиленди. Адамзаттын жашоосунда азбы-көппү, бул айтылган 22 кылым ичинде кыргыз мамлекетин түптөп, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, кыргыз элинин эркиндиги үчүн керт башын сайган мыкты азаматтардын бири, тарыхта ташка тамга баскандай аты калган кыргыз ажосу Барсбек каган.
        Барсбек каган тарыхый маалыматтарга караганда биздин замандын 680-жылы жарык дүйнөгө келип, 711-жылы душмандардын колунан курман болгон.
        Анын ата-бабалары да эл башкарып, журт башкарып келген уюткулуу үй-бүлө болушкан. Барсбек атасынан эрте айрылып, төрт бир тууганы менен турмуштун ачуу-таттуусун татып, жашоонун өйдө-төмөнүнө эрте аралашып, бышык өскөн, аскер ишин мыкты билген, элдик дипломатияны жакшы өздөштүргөн. Мына ушундай мыкты сапаттардын натыйжасында ал VII кылымдын аягынан баштап эл оозуна алынып, эл-журтту башкаруу, ажолук милдетти аткаруу анын шыбагасына тийген. Кыргыздардын ата-бабадан келаткан салты боюнча Барсбекти ак кийизге салып, ажолукка көтөрүшкөн.
        Барсбек бийликке саясий абал өтө курчуп турган татаал учурда, кыргыз эли кыйын-кысталыш жашоону башынан өткөрүп жаткан мезгилде келген. Түрк каганаты түзүлүп, кыргыздарды каратып алуу үчүн аракет жүрүп жаткан. Бул максатта түрк каганы Капаган Билге башында турган жоокерлерин кыргыздарды басып алууга жиберет. Бирок бул жортуул, ийгиликсиз аяктап, түрктөрдүн андан кийинки жортуулдары деле жеңилүүгө дуушар болуп турган. Түрк каганы Капаган Барсбектин бийлигин таанууга аргасыз болгон жана ага өзүнүн бир тууган агасынын кызын аялдыкка берген. Далайды башынан өткөргөн айлакер Капаган жана анын аскер башчылары муну менен эле тынч жатып калган эмес.
        Барсбек каган кыргыздын күчтүү мамлекетин түзүү жана чындоо максатында коңшу уруулар жана Кытайдын Тан империясы, Түргөш каганаты сыяктуу кошуна мамлекеттер менен ынтымактуу мамиле түзө баштайт. Аларга элчилерди жиберип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
        Бирок ошондой болсо дагы эртеби-кечпи сырткы душмандар тарабынан кол салуу коркунучу болоорун сезген Барсбек каган мүмкүн болушунча аскер топтоп, жоокерлерди курал-жарактар менен куралдандырып, аскер ишине машыктырып, күч-кубатын чындап, коргонуу аракетин жүргүзө баштайт. Сибирдин сөөктөн өтүп, чучукка жеткен кара суугуна карабай, зор кыйынчылыктарды мойнуна көтөрүп, карагайлардан, кардан, муздан бир нече километрге созулган чептерди курдурат.
        Кыргыздардын күч алып, аскердик даярдыгынын жакшырып, Барсбек кагандын кошуна элдер менен болгон мамилеси, анын күн сайын өсүп келе жаткан кадыр-баркы Түрк каганатынык башчыларын кооптондура баштайт. Алар өздөрүнүн элдешкис душмандары болгон Кытай менен Түргөштөрдүн кагандарынан да коркунучтуусу кыргыздын күчтүү каганы деп эсептешкен. Кыргыздарга тыңчыларын жиберип, ичи жаман, бузуку адамдарды өздөрүнө тартып, коргонуу чептерине байкоо салып, согуштук жөндөмүнө иликтөө жүргүзүп турушкан. Бир нече жыл катары менен согушка даярданып, Миң-Суу өрөөнүнүн түштүк тарабындагы кыргызга коңшу элдерди каратып алган. 711-жылы түрк каганатынын аскер башчылары Билге-каган, Кул-тегин, Төнүкөк башкарган күчтүү аскери жердин уусун мыкты билген чыккынчы аңчы адамдын жол көрсөтүүсү боюнча бийик. ашууну бир нече күндө ашышып, түштүк тарабынан күтүүсүз жаткан кыргыздарга кол салышкан.
        Барсбек каган баш болгон кыргыз жоокерлери баатырлык менен жан аябастан, душмандын түмөндөгөн колу менен кашык каны калганча кармашып, курман болушкан.
        Ошентип, ичтеринен чыккан бир чыккынчы адамдын (Ал деле жыргап кеткен эмес, ашууда түрктөр тарабынан өлтүрүлгөн) жүзүкаралык аракетинин натыйжасында бүтүндөй бир улуу журттун башына түн түшүп, отуз жаштан жаңы ашып, акылы жетилип, күч-кубаты толуп, гүлгүндөй болгон курактагы Барсбек кагандан ажырап, Эне-Сай кыргыздары кылымдардан кылымдарга, укумдан-тукумга айтыла турган, кара кийип, кан жутуп, кара таш бетине жазылып калган кайгылуу тагдырга туш келишкен.
        Эркиндик, тендигинен ажырап, айбан чыдагыс азап-тозокту тартып, 745-жылы Түрк каганаты кулаганга чейин кырк жылга жакын душмандын бийлигине баш ийүүгө аргасыз болушкан.

    ТАГАЙ БИЙ                                                  (түзүмгө)

        Тарыхый маалыматтарга, санжыраларга таянсак кыргыздын кийинки урпактары оң-солдон тарайт. Оозеки айтылган санжыраларда, санжыра китептерде ар кандай варианттары кездешет. Алар мурда окурмандарга кеңири тааныш болгондуктан бул жолу 16-кылымдын башында жазылган «Тарыхтардын жыйнагы» (Мажму атут-таворих. Бишкек, 1996. 66-6.) аттуу китептен алынган маалыматты берүүнү эп көрдүк. Бул китеп-теги жазылгандар мурда биз окуп, угуп жүргөндөн бир аз башкачараак. Ошондуктан урматтуу окурмандар өздөрүнүн билимине, түшүнүгүнө жараша таразалап, туура жагын кабыл алат деген ойдобуз.
        Акуулдун эки уулу болгон: Отузуул, Салусбек Булгачы. Отузуулдан Адина (тагыраагы Адигине болсо керек. М. Б. ) Муңкуш, Карабагыш, Тагай.
        Карауулдун алты уулу болгон: Басыз, Кушчу, Мундуз, Чонбагыш, Саруу, Катый. (Тагыраак айтканда Кытай болсо керек. М. Б. ) .
        Акуул Базугландын баласы, ал Аркукемиштин баласы, ал Долондун баласы, ал Дамбулдун баласы, ал Газыбийдин баласы, ал Сарыбийдин баласы. Ошентип отуруп, Сарыбийден кийинки он үчүнчү атасы Аналхак.
        Солуулдун жыйырманчы атасы да Аналхак.
        Тагай бий бабабыз (тарыхта Мухамбет кыргыз) болжолу 1460-1470 жылдарда туулган. XVI кылымдын башталышында кыргыздар кошуна калктар тарабынан катуу кысымга учураган. Алардын көргөзгөн азап-тозогуна чыдабаган эл туш тарапка та-роого аргасыз болушкан. Тагай бийдин тынымсыз аракети менен гана чачылган эл кайра чогулуп, бир туунун астына биригишкен. Тагай бий өзүнүн элинин боштондугу, эркиндиги үчүн кошуна элдердин билермандарына, хандарына дигатоматиялык жолдор менен мамиле кылып, ынтымактуу жашоого, ар кандай баскын-чылыктан, кыргындан элди сактоого бүткүл айла-амалдарын, күч-аракетин жумшаган. Каны-жанын, керек учурда өз өмурүн да аябаган. Анын бул аракетин сан жагынан артыкчылык кылган, күч кубаттуу кошуна элдердин хандары, бийлик ээлери көрө алган эмес. Натыйжада Тагай бийге бир катар кысымдарды, зордук-зомбулукту көрсөтүшкөн. Керт башына, өмүрүнө коркунуч туудурушкан. Бирок андан жалтанбаган эр жүрөк, баатыр бабабыз өмүрүнүн акырына чейин элинин биримдиги, эркиндиги, келечеги үчүн кийинки урпактарга ооздон оозго айта жүргөн, үлгү боло турган, баа жеткис кызмат кылган.
        Тарыхчы Белек Солтоноевдин жазганына жана айрым маалыматтарга караганда Тагай бий үч Турпанга жакын жерде 1935-жылдарда каза болгон.
        Төмөндө Тагай бий заманындагы айрым маалыматтарды Анвар Байтур жазган, «Кыргыз тарыхынан» кыскача баяндап берүунү эп көрдүк.
        Могулстан хандыгынын падышасы Увайсы хан 1428-жылы өлгөн. Анын Жунус, Эсенбука деген эки уулу бири-биринен хандыкты талашып, тынымсыз кармашып келишкен. Бул мезгилде кыргыз уруулары Жунус хан тарабында болуп, Эсенбуканын жоокерлерине каршы баатырдык менен согушуп келишкен. Натыйжада Могулстан хандыгы экиге бөлүнгөн. Ташкен шаарынын чыгыш тарабы, Фергана өрөөнү, Нарын, Сыр, Талас өзөндөрүнүн бойлору, Ысык-Көлдүн жээктери, Алай тарап Жунус ханга караган. Жунус хандан Махмут, Ахмат. Ахматтан Мансур, Сейит, Калил. Ахмат өлгөндөн кийин Мансур өзүн Турпанда «Султан» деп жарыялайт. Инилери Сейит менен Калилди өлтүрмөкчү болгондо алар Ысык-Көл менен Нарын тараптагы кыргыздарга баш калкалап качып келишет. Бул аймакта Сейит өзүнүн чон, атасынын агасы Махмутту колдогон кыргыздын уруу башчыларынын жардамы менен хандыкты куруп, өзүн «Султан» деп жарыялайт. Бирок бул жерде анын хандыгы көпкө созулбайт. Агасы менен болгон кандуу согушта жеңилип калып, өзү Ооганстанга качып барып, Могулстандын тунгуч падышасы Бабурду туурлайт. Анткени Сейит хандын чоң атасы Жунус хандын экинчи кызы Кутлук Нигар ханым Бабурдун энеси болгон. Бабурдун жардамы менен 1510-жылы Сейит Анжиян шаарын ээлейт. Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Иле өзөнүнүн бойлорунда жашаган кыргыздарды бириктирип, мурдагы падышачылыгын калыбына келтирет. 1514-жылы кыргыз-казактардан жоокер топтоп, Торугарт ашуусун ашып, азыркы Артышты ээлейт. Кашкар, Жаңышаар, Жеркендеги Абу Бекрдин карамагындагы уйгурлар Мукамбет - кыргыздын (Тагай бийдин) ж. б. жардамы менен Сейитханга өздөрү урушсуз баш ийип беришет. Кашкар менен Котонду эч кимге көз каранды болбой бир нече жылдан бери бийлеп турган Абу Бекрдин хан ордосун таштап, казынасын алып, качып кетишине Мукамбет - кыргыздын салымы зор болгон. Кашкарда Кашкар хандыгы курулуп, кийин борбору Жеркенге көчүрүлөт. Кийин тарыхта «Жеркен хандыгы» деп аталып калган бул зор аймактагы хандыкта Мукамбет - Кыргыз чоң бийлик укугуна ээ болгон. Сейит Султан 1533-жылы каза болот. Анын ордун уулу султан Абдырашит (Эреше хан) ээлейт. Дагы бир окурманга түшүнуктүү жана ойлонууга жем болуучу нерсе, Тагай бий бабабыз Мухаммед Шейбани хан жана Аксак Темир Көрөгөндүн урпагы, «Улуу Моголдордун Империясын» түзгөн, мамлекеттик ишмер, чыгаан кол башчы, акын жана таланттуу жазуучу Захирдин Мухаммед Бабурдун (1483—1530-жж.) замандашы болуп эсептелет.
        Тагайдан Богорстон, Койлон, Кылжыр.
        Койлондон Жедигер. Жедигердин тукуму түштүктө жашашат.
        Кылжырдын өз аты Сарыбагыш. Мойну кылжыр болгондук-тан Кылжыр аталган экен.
        Кылжырдан (Сарыбагыш): Орозбакты, Дөөлөс.
        Орозбактынын балдары Бугу аталат.
        Дөөлөстөн: Токо, Жантай, Элчибек, Манап.
        Токонун балдары: өзүк, Молой, Чечей, Каракурсак, Абыла, Чагалдак, Сабыр.
        Жантайдын уулдары: Акчабуу, Аюуке, Токтооку, Таштокум.
        Элчибек уулу Таздар деп аталат.
        Элчибектен Атамат, Алыбек, Жунус.
        Атаматтан Саркалпак.
        Алыбектен Моюнчу. Моюнчудан Токторбай деген мыкты адам чыккан.
        Жунустан Тобокел, андан Райымбек, Шайбек, Дайырбек - үч уул.
        Райымбектен Стам, Эсенгул, Жаман, Кубат, Мамбет. Шайбектен Боботай, андан Карагул, андан Таштамбек, Тазабек, Аким - үч уул.
        Таштамбектен Бозумбай, андан Мүсүралы, андан Максүт. Тазабектен Солтоной, Жылкычы, Ногой. Солтонойдон Деркембай.

    СОЛТО УРУУСУ                                                  (түзүмгө)

        Богорстондон Эштек, Көзөр деген эки уул. Эштек бий жоокерчилик заманда Кашкарга жортуулга барып, ал жерде бек атагын алып, бир канча жыл эл сурап турган. Бир нече балалуу болуп, жалгыз Солтодон башкасы чечектен чарчап калышкан.
        Солтодон - Күнтуу, Култуу, Чаа.
        Солто бий балдарын Санчы-сынчыга сынаткан экен. Сынчы Күнтууну көрүп туруп: - “Жигити баатыр, кызы сулуу, аты күлүк болот” - деген экен. Чындыгында эле Күнтуудан мыкты баатырлар көп чыккан. Култуу сынчынын көңүлүнө анчалык толбоптур.
        Чаанын кебетесинен уялып, атасы сынчыга көрсөткүсү келбептир. өзү жакшы көрүп, эркелетип өстүргөн эки уулун көрсөткөн сон башка уулум жок деп коюптур. Чаа кичинесинен оорукчан болуп, бечел калган экен.
        Бала Айылчынын санжырасында мындай деп айтылат: «Боз үйдүн кырчоосун кармап, араң басып келе жаткан Чааны көрүп, сынчынын көзү балага түшөт. Баланын атын сурайт. Чаа деген балам ушул дейт атасы. Аяда сынчы баланын бетинен сылап: - «Бул чоң курсак Чаа бий деп аталат. Мындан кара чаар жолборс ээрчиткен баатыр туулат. Кашка кабылан чыгат. Ат качырбас боз айгыр чыгат. Ак адил - жалпооч. Ак көрпө туулат. Туучунак туулат. Андан ары кери тартып тосоңку түшүп ыбыр-жыбырга аралашып кетти. Көзүм жетпей калды» -деди. Карачаар жолборс дегени Түлөберди баатыр, Кашка кабыланы Бөрүбай баатыр, Ат качырбас боз айгыры Жангарач, Акадыл жалпооч дегени, Эшкожо - Канай, «Ак көрпөсү - Жайыл, Акадил жалпоочу - Байтик, Туучунагы - Чолпонкул деп айтышат» .
              (Бала Айылчынын санжырасы. Ала-Тоо журналы. № 8, 1991-жыл. 78-6. ) .
        Күнтуудан — Токпай, Карамерген, Төрө, Кулболду, Жолболду, Байгана, Чоңмурун.
        Култуудан — Адына, Мендеке. Култуунун балдарын Чылпак деп аташат.
        Чаадан — Каракчы, Талкан, Тата.
        Каракчыдан — Байсейит, Бүтөш.
        Тата Чаанын сексен жаш курагында экинчи аялынан төрөлгөн. Татадан — Айтөкө, Абыл, Аңкылдак, Кенжебай, Кулубай, Төкөбай, Соно.
        Татанын урпактары казак ичинде жашашат.
        Талкандан — Коңурбай, Кошой, Бакы, Багыш, Байболот,Делдең.
        Конурбайдан — Жайыл, андан Теке, Асан, Үсөн — үч уул. Экинчи аялынан Итике. үчүнчү аялынан Багыш, Жакыш. Конурбай уулу жалпы Итике, Жайыл эли деп айтылат. Жайыл баатырдын эр коргогон эрдиктери жөнүндө эл оозунда уламыштар айтылып, адабий чыгармалар жаралган.
        Кошойдон — Момокон, Жамансарт, Баймырза, Мамбет. Айрым маалыматтарга караганда Куртка, Теңиз, Кочкорбай, Зарыл деген дагы төрт уулу болгон.
        Жамансарттан — Түлөберди, Бөрүбай, Эсенаман, Мамырбай, Саркөбөн, үмет, Байат, Сөлпү, Султанкелди, Жумабек, Сакебай, Жигит.
        Түлөбердиден — Эшкожо, Канай, Чыны, Карбоз, Татыбек, Алабай, Жандыбай, Мендибай.
        Эшкожодон — Жангарач, Абайылда, Баястан, Саза, Солтоной, Кенже, Карашорук, Балбак, Тайлак, Төрөке, Турдубай.
        Канайдан — Байсейит, Бошкой, Нурсейит, Бүтөш, Тилеш, Байтик, Байыке, Байгай, Сатылган, Муңайтпас.
        Байсейиттен — Медетбек, Шүкүрбек, Ыбрайым.
        Бошкойдон — Өзүбек, Курама, Акылбек, Жанчар, Сырдыбай, Издебес, Кененсары, Бүргө,Калкабай.
         Өзүбектен — Ашыр, Султан, Сыдык, Абдылда.
        Байтиктен — Байсал, Абдырахман, Ташмат, Аман, Осмоналы, Сыдык.
        Чыныдан — Тыналы, Дооран, Топчубек.
        Тыналыдан — Чолпонкул.
        Карбоздон — Ботокан, Тазабек, Осмонбек, Субанбек, Кай-назар, Ажыбай, Капсалаң, Казы, Болот, Чомой, Кудаяр.
        Солто элинин мыкты уулдарынын бири Байтик баатыр жөнүндө бир аз сөз кылууну эп көрдүк.
        Байтик баатыр болжол менен 1820-жылы азыркы Бишкек шаарынан анча алыс эмес жердеги «Бас Бөлтөк» деген жапызыраак тоонун түштүк жагында Солто элине аттын кашкасындай белгилүү болгон Канай баатырдын токолунун үйүндө төрөлөт. Канай баатыр токолу жөнсөгүрөөк чыгьга калгандыгына байланыштуу көп анча катышкан эмес. Алгачкы мезгилде уулу Байтикке да ата мээримин төкпөстөн, анын өсүшүнө, келечегине да кайдигер карап келген.
        Бирок Байтик кичинесинен эле тың чыгат. өзүнүн тегерегиндеги кембагалдардын балдарын чогултуп алып, тай, торпок минип жарыштырып, күрөштүрүп, эңиштирип, найза сайыштырып, «Кырк жигит» күтүп, аларга башчы болуп ойнойт. Атасы Канайдын көзүнө көрүнүш үчүн, байбиченин балдары Байсейит, Бошкойго теңелиш үчүн, элге атын чыгарыш үчүн жаш кезинен эле аракет жасай баштаган.
        Күндөр өтүп, Байтик олбурлуу, сөөк-саактуу, кең далылуу, бой келбети келишкен жигит болуп чыга келет. Атасы анын келечекте эл башкарган, журт башкарган мыкты адам болоорун сезип, эл көрсүн, жер көрсүн, тарбия-таалим алсын деп Байтикти Таластагы туутандарына жиберет. Ал жактан Ажыбек датканын уулу Нурак жана атактуу манасчы Балыкооз менен достошот. Таласта да жөн жүрбөй жигит топтоп, аларды жоокерчиликке үйрөтүп, кошуна элдерден жылкы чаап келип турган. Ал кезде башка уруулардан, элдерден жылкы тийип келген жигиттерди жогору баалашып, өтө урматташкан. Эл арасында кадыр-баркы көтөрүлүп, оозго алынган.
        Кийин эр жетип калган кезде аталаш агасы Эшкожо уулу Жангарач баатыр: — Байтик, артындан киши куубасын, алдыңдан тороп тоспосун, сунган найза жетпесин, сууруган кылыч өтпөсүн, башындан бакты кетпесин, кууган адам жетпесин! Мына солто элинин бийлигин, эки тизгин, бир чылбырын өзүнө бердим! Оомийин! — деп, Байтиктин башына бак конуп, ооматы келип турганын сезип, элин өзү бийлесин деп ак батасын берген экен. (Ава Такырбашев. Байтик баатыр. 1992-ж. 18-6. ) .
        Кокондуктар Чүй өрөөнүндөгү бийлигин бекемдөө үчүн 1825-жылы Бишкекке чеп салдырышкан. Мына ошондон баштап Чүй өрөөнүндө кокондуктардын зордук, зомбулуту, эзүүсү күч ала баштайт. Салык, ыгым-чыгымдар күндөн күнгө көбөйө берген. Элдин чыдамы кетет, нааразылыктары күчөйт. Элдин кыйналып, азап чеккенин көрүп, мурдатан эле Рахматулла бекке нааразы болуп жүргөн Байтиктин ар намысы козголуп, анын көзүн тазалаштын жолун ойлой баштайт. Биринчи жолу конокко чакырса шек санап, ишене бербеген Рахматулла ар кандай шылтоолорду айтып келбей коөт. Экинчи жолу да тойго чакырганда курал, жаракчан алтымыш сарбазы менен келип түшөт. Мурун макулдашылгандай келген конокторго абдан сый көрсөтүлүп, кичи пейил мамиле жасалат. Алар тамакка кирип, жайланышып отургаида, минген аттарын кайтарган кароолду алаксытышып, аттардын аттанаар жагындагы үзөңгүлөрүн кыйып ташташат. «Алгыла» деген белги берилгенде мурдатан дайындалып койгон жигиттер Рахматулла отурган үйдү тегеректешип, сарбаздардын бир тобун өлтүрүп жиберишет. Мындай окуя болоорун мурдатан сезип, даяр отурган сарбаздар боз үйдүн керегесин көтөрүп жиберип, Рахма-тулланы атына мингизип, эки-үч жигити менен эптеп качырганга жетишет. Артынан Байтик, Көкүм, Чойбек, Кожомберди кууп жөнөлөт. Далайга чейин кубалап жүрүп олтурушуп, акыры чепке жакындаганда найза менен сайып, Рахматулланы өлтүрүшөт.
        Байтик баатыр мындан сырткары да көп баатырлыктарды көргөзгөн. Айрыкча Олуя-Ата, Мерки, Чымкент чептерин кокондуктардан бошотууда өзүнүн топтогон жипптери менен зор салым кошкон.
        Бул кызмат үчүн орус бийликтери тарабынан капитан чини берилген жана үчунчү даражадагы Станислав ордени менен сыйланган.
        1867-жылы Санкт-Петербургга барып, Александр II нин такка отурушуна арналган аземге катышкан.
        Урпактарынын айтымына караганда Байтик баатыр байгамбар жашында дүйшөмбү күнү 1883-жылы каза болгон.
        Байтик баатыр жөнүндө Ава Такырбашев китеп жазып, акын, драматург Эрнис Турсуновдун жазган драмасы Чүй областтык театрына коюлган. Бишкек шаарындагы бир чоң көчөгө аты берилген.
        Солто уруусу жөнүндө санжырачы Бала Айылчы, Осмоналы Сыдык уулу кеңири жазгандыгына байланыштуу ушуну менен токтотууну эп көрдүк.

    БУГУ УРУУСУ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)

        Орозбактыдан Арыкмырза, Асанмырза, Карамырза, Мырзакул деген төрт уул. Айрым санжырачылардын айтымында Орозбактынын Токочмырза деген да баласы болуптур. Мырзакулдун Алсейит, Тынымсейит деген эки баласы болгон. Орозбакты бабабыздын тукумдары «Бугу» аталат. Мындай аталыш себебин Бала айылчынын, Талып Молдонун (Талып Байболот уулу), Тынымсейит бабабыздын урпагы Найманбай уулу Мукаштын, Мамырбаев Шералы менен Эрмек үмөт уулунун жыйнаган санжыраларын карап, бири-бирине салыштырып, тактоого аракет кылдык. Албетте андан бери нечен кылым өтсө, жазып же тасмага тартып калгыдай азыркыдай илим-билим өнүккөн заман болбосо, болгону болгондой жетиши кыйын эмеспи.
        Илгерки жоокерчилик заманда Орозбактынын уулу Асанмырза менен Карамырза Ала-Мышыктын тоосуна (ал кезде «Аалам Шайыктын тоосу» деп аталчу экен) мергенчиликке чыгышып, тестиер кызды таап алышып, агасы Арыкмырзага алып келип беришет экен. Арыкмырзанын аялы эстүү-баштуу, кыйын киши болуптур. Кызды багып-өстүрүп, бой тартып келатканда, «Арыктын көңүлү бузулуп кетпесин» деп эбин келтирип, жүйөөсүн таап, урук-туугандарынын макулдугун алып, мурдагы аялы начар чыгып калган Мырзакулдун уулу Алсейитке нике кыйдырган экен.
        Бугу энебиздин башында бармак басым мүйүзү бар, касиеттүү адам болсо керек. Дагы бир вариантында мындай деп айтылат:
        - Мага эчкимдин колу тийе элек эле. Эми өзүңүз алыңыз. Табылган олжого сиздин биринчи укугуңуз бар - деген экен кыз Асанмырзага.
        Тигил кыздын тилин албай бир тууганына берип коюптур.
        - Болбостур эми, тукумуң кем болуп калмак болду — деп кыз катуу өкүнүптүр. Ал энебиз боло турган ишти алдын ала билип, айтканы айткандай дегени дегендей келчү экен.
        Алсейиттен Жамангул, Бапа. Бул эки уулду Бугу эне төрөгөн. Жамангулдан Кыдык, Белек.
        Алсейиттин Белек тукумунан чыккан мыкты уулдардын бири Эшкожо уулу Балбай. Балбай баатыр айтылуу Атаке баатырдын кызы Айжандан, 1790-жылдарда айрым маалыматтарда 1812-жылы төрөлгөн деп айтылат. Өтө эр жүрөк, чымыр денелүү, орто бойлуу, кең далылуу, ары балбан, ары баатыр адам болгон экен. Өзүнүн эли, жери үчүн күрөшкөн. Калмактарга каршы жортуулдарды уюштурган. Орус бийлигине баш ийүүдөн баш тартып, Текеске көчүп кеткен. Бирок анын адилдигин, баатырдыгын, эл-журтка алынып калган кадыр-баркын көрө албаган өзүнүн туугандары жамандап отуруп, акыры 1867-жылы орустун аскер бийликтерине кармап беришкен. Верный түрмөсүндө жатып, ошол жерден каза болгон. Айрым маалыматтарга караганда ага эң күчтүү уу беришкен. Бирок берилген уу баатырга таасир бере алган эмес. Оорусуна байланыштуу түрмөдөн чыгьш барып, бир казак туугандын үйүндө каза болгон. Сөөгүн өзүнүн жерине, азыркы күмбөзү турган жерге алып келип коюшкан. Айрым санжырачылар Ормон хандын өлүмүнө Балбай себепкер болгон дешип жүрүшөт. Айрымдар: «Ичи тар, көрө албастар тарабынан Балбайга жапкан жалаа, эптеп аны жаман аттуу кылып, андан кутулууга, көзүн тазалоого аракет кылышкан, Балбай андай канкордукка бармак эмес» деген пикирди айтышат. Кандай болсо да бир уядан чыккан Кылжырдын эки уулунун тукумдарынын араздашып калуусуна, кыргыздын ак кийизге отургузуп көтөргөн ханы Ормондун канкорлор колдуу болуп өлүшүнө ортодо жүргөн бузукулардын тоодой күнөөсү бар экендиги кашкайган чындык. Бугу менен Сарыбагыш бир атанын кулуну, бир Кылжырдын тукуму. Өткөндөгү жагымсыз окуялардан сабак алып, ынтымакка келип, биримдикте болушу бүгүнкү урпактардын кечиктирилгис милдети. Мындан алакандай болгон кыргыз эли утушка гана ээ болот.
        Тынымсейиттен Кабели, Шалтак, Мортук.
        Мортуктан Токтогул, Жаманак. Бул атанын балдары Нарында жашашат.
        Тынымсейит уругунан залкар акын, чон комузчу, күүчү жана обончу Арыстанбек Буйлаш уулу, чоң манасчы Тыныбек Жапы уулу, кыргыз маданиятына чоң салым кошкон манасчы, комузчу Тыныбеков Актан ж. б. мыкты адамдар чыгышкан.
        Мындан туура 160 жыл мурун Арык тукумунан чыккан Олжобай уулу Байсарынын үйүндө Кыдыр төрөлет.

    САРЫБАГЫШ УРУУСУ                                                  (түзүмгө)

        Тагай бий бабабыздын уулу Дөөлөс жоокерчилик заманда элчиликке барганбы же башка жагдайы болгонбу калмактарга барып калганда анын ханынын Көкмончок деген кызы Дөөлөстү жактырып калган экен. Кыз дагы Дөөлөстүн көңүлүнө туура келип, алып кетмекчи болуптур. Андан мыкты уул төрөлөөрүн билип:
        Элине барып кел, бирок бөлөк ургаачыга жанашпа, аялыңа да жолобо, ушул турпатың менен келсең, мен түбөлүккө сендикмин - деген экен кыз.
        Дөөлөс: — Элиме барып, ата-эне, ага-тууганым менен акылдашып, даярдык көрүп, калындыкка бере турган малымды даярлап, кайра келейин — деп, кыз менен катуу антташып, элине аттаныптыр. Бир кабарда кыпчактан, бир кабарда калмактан колго түшкөн Дөөлөстүн Жезбийке деген күнү болгон экен. Ал тегин адам болбосо керек, башкаларда кездешпеген өзгөчө касиети болуптур. Түнкүсүн анын жаткан жерине нур түшүп турчу экен. Дөөлөс бул жолку келгенинде Жезбийке менен жанашып коюптур.
        Дөөлөс ата-энеси менен макулдашып, Көкмончокту алганы калмакка кайра барат. Болгон иштин баарын айттырбай билген, Дөөлөстүн белинин бошоп калганын сезген Көкмончок тизелей отура калып, буркурап ыйлап жиберди дейт.
        - Убадага турбапсын, антыңан сен тансаң да мен жанбаймын. Ушул жолку төрөлө турган уулду мен туусам, тукумун кыямат кайымга чейин эл башкарып калбайт беле. Болбостур эми - деп, тагдырга айласыз баш ийип, Дөөлөскө тийген экен. Андан туулган балага Элчибек деген ат коюлат.
        Дөөлөс бабабыздын биринчи аялы Меншек төрөбөгөн аял болуптур. Экинчи аялы Бакдөөлөттөн Токо, Жантай деген эки уул болгон. үйүндөгү күнү Жезбийкенин боюна бүткөнүн Меншек билип, кошуна колонго, абысындарына «менин боюма бүттү» — деп жарыя айтып, курсагына кийиз таңып жүрчү экен. Болжолу 1595—1600-жылдарда Жезбийке төрөгөндө, аны эч кимге айтпа деп коркутуп төрөлгөн баланы ээликтеп алыптыр. Меншек байбиче төрөлгөн балага чон той берип, келген келин-кесектер бешикти манат менен ороп, ороо-чулгоосун да манаттан жасашкан. Ошого байланыштуу эл баланы Манат атка кондурушкан, кийин Манап болуп өзгөрүлгөн экен.
        Манап бий бабабыз жөнүндө белгилүү тарыхчы Белек Солтоноев өзүнүн «Кызыл кыргыз тарыхы» китебинде кенири жазган.
        Ушул жерде окурманга эскертип айта кетээрибиз, китеп Совет доорунда жазылган. Ал убакта кыргыз мамлекеттүүлүгүн танууга, элибизден чыккан азамат уулдарды, эл, жерибизди коргогон баатырларды, журт бийлеген манап, бийлерди жаман аттуу кылып, тарыхтан түп тамыры менен өчүрүүгө бийлик тарабынан көп аракеттер болгон. Ошондуктан автордун манаптарды, бийлик башындагы адамдарды сындап жазган жерлерин акыйкаттык менен таразалап, бүгүнкү күндүн көз карашы менен ка-рап, туура түшүнүүгө тийишпиз.
        Манап бий эл коргогон, жер коргогон баатыр адам болгон. XVI кылымдын экинчи жарымында улгайганына карабастан Иле дарыясынын боюнда калмактар менен болгон кармашта кыргыз-казактын колун баштап барып, жоокерлердин жеңишке жетишине көп аракеттерди жасаган. Бул кан төгүлгөн катуу кармашта Манап бий өзү да тайманбай согушка кирип, душман менен бетме-бет туруп, кылычташып чабышып, жарадар болуп, каза табат. Бул согушта анын уулу Жарбаң жалгыз эрөөлгө чыгып, Дөнөнжой деген калмактын баатырын атынан ыргыта сайып, кыргызга намыс алып берген. Андан кийинки чон чабыштарда Жарбаң баатыр жоокерлерге мин башылык кылган жана ченемсиз баатырлыктарды көргөзгөн. Бул жөнүндө «Кыргызстандын тарыхы» боюнча 7-класстын окуу китебинде толугураак айтылган.
        Манап бийдин биринчи аялы Кызбийке айымдан Жарбан баатыр төрөлөт. Кызбийке төрөт учурунда каза болуп, эненин курсагын жарып баланы аман алып калышат, Атын Сүтүке коюшат. Курсакта кезинде жарып алгандыгы үчүн кийин Жарбаң деген атка конот. Айрым санжырачылар жаңылышып, Сүтүке, Жарбанды ата-бала катары да эсептешип келишкен. Тактап айтканда экөө бир эле адам.
        Жарбаң баатырдын тукумдары Чүйдүн Маданият, Жаңыалыш, Кочкордун Шамшы айылдарында, Ат-Башы районунда жашашат.
        Манап бийдин кийинки аялынан Сүтөй төрөлөт. Бул киши да атасынын жолун жолдоп бий болгон, эл-журтун башкарып, чексиз байлыкка жеткен.
        Сүтөйдөн Эшим, Сарсейит, Тугур деген үч уулу төрөлөт.
        Сарсейит да өтө бай адам болуп, жылкысы Кемин менен Кочкорду жайлачу экен.
        Тугурдан Чоңчарык. Минтип аталып калган себеби, ушул уруктан таманы чоң Олжотой деген адам болгон экен. Жайдын күнү кийген кепичин боз үйдүн жанына чечип койсо, эки улак ысуулап ичине жатып алганын көрүшкөн эл Олжотойду «Чоңчарык» атка кондурушуптур. Бул кишинин бутуна салганга бүткүл Анжиян боюнча кепич табылчу эмес экен.
        Сарсейиттен үчкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене.
        үчкөдөн Маматкул, Дөөлөт Мааматкул үчүке уулу (болжол менен 1660-жж. туулган, 1758-жылдардан кийин каза болгон.) XVIII кылымдын I жарымында түндүк кыргыз урууларынын башчысьг, белгилүү тарыхый инсан. 1720—1750-жылдарда калмак баскынчыларына каршы элдик согушту жетектегендердин бири. Түндүк кыргыз уруулары калмактардан Гиссар, Кулябка сүрүлгөндө Сыр-Дарыяга чейин барып, кийин сарыбагыш, солто, саяк ж. б. уруулардын башын бириктирип, Намангандын үстүндө турган. Маматкул бий жана Кошой бий башында турган кыргыз уруулары 1750-жылдардын баш чендеринде калмактардын Таластын оозу Капкада, Чүйдүн Кара-Кыштак, Сокулук жана Ак-Бешимде топтолгон негизги күчтөрүн талкалап, Ысык-Көлдөн ары Илеге чейинки кыргыз жерлерин бошотушкан. Натыйжада 1755—1756-жылдарда кыргыз элитолугу менен Чүй, Нарын жана Ысык-Көл аймактарын кайрадан ээлеп калышкан.
        Жунгар мамлекети кулагандан кийин 1758-жылы кыргыздарды Цинь империясынын карамагына өтүүгө үтүгтөгөн кытайлык чабармандар Ысык-Көлдө Мааматкулга жолутушкан. Кытайдын тарыхый дарегиндеги маалыматтарга караганда Мааматкул кыргыз урууларынын бийлери тарабынан шайланган башкаруучу экендиги жана ал кытайча «чжан» деп атала тургандыгы айтылат, Кытайлык чабармандардын сүрөттөөсүнө караганда Мааматкул бий ошол мезгилде 90 жашка чыккан, өтө эткээл, бирок ал-күчүнөн тая элек, али да ат үстүндө жүрүп жоого аттанганга жарамдуу адам болгон экен. (Нарын областынын энциклопедиясынан кыскартылып алынды. Бишкек, 1998-жыл. 281-6. ).
        Мааматкул өзүнүн небереси Черикчи Темир уулу баш болгон элчилерди Пекинге жиберген. Ал жерде чек араларды сактоо, коңшу катары ыктымактуу жашоо сыяктуу негизги маселелер талкууланып, элчилер Цин императорунун сыйын көрүп кайтышат.
        Мааматкулдан Болот, Темир. Экинчи аялынан Андагул, Көккөз, Берик.
        Болоттон: Дайырбек, Сурке, Айдаке, Эсенгул, Салыбек. Дайырбек, Айдаке, Суркенин балдары «Беш күрөң» деп аталат.
        Эсенгул бабабыз жөнүндө айтып отурса узак ангеме. Мүмкүн болушунча кыскараак айтканга аракет кылалы.
        Болот бий бабабыз бир күнү Санчы сынчыга беш уулун сынаткан экен. Бирок бирөө да көңүлүнө толбоптур.
        - Бул беш уулуң кийин «беш күрөң» деген эл болот. Булардан мыкты адам чыкпайт. Өзүңдөн бир уул төрөлө турган жөнү бар эле. Мына ошол уулун «ат качырбас боз айгыр» деген болот. Тил алсаңыз элиңизди эртең жайлоого көчүрүңүз, эл бага турган мыкты уул тууй турган аял таап берем. Кайран сийдигиң талаага кетип жатыптыр — деп Болот бийди эпке көндүргөн экен.
        Эртеси элди бүт көчүрүп, Сынчы менен Болот бий ылайыктуу жерге отуруп алып, өткөндөрдү сынап карап турушат. Нечен суйкайган сулуу келиндер, солкулдаган бойго жеткен кыздар чубап өтүшсө да сынчы баш көтөрүп, бирине да көңүл бөлбөптүр. Көчтүн аягы суюлуп калган кезде бийдин жигиттери:
        Көч аяктады, киши калган жок деп келишет.
        Дагы карагылачы, ушунча элден кантип чыкпасын, бирөө боло турган эле — деп, сынчы ордунан козголбой отура бериптир.
        Аңгыча мурду жырык кара өгүзгө бир аз жүгүн арткан, сөөк-саактуу, эркек мүнөз, кара келин көчтүн акыры болуп өткөн экен.
        - Бийим, издегенибиз табылды — деп сынчы сүйүнүп ордунан тура калыптыр.
        Сынчы десе эле ойду-тоону сүйлөгөн бир кудай урган көрүнөсүң. Эртеден кечке нечен мыкты кыз-келин өттү. Ошолордун бири буюрбай, ушул кебетеси суук кара катын көзүңө жакшы көрүнүп кеттиби? — деп, ызаланган Болот бий кагынып, силкинип тескери басты дейт.
        Сулуунун баарынан эле мыкты уул төрөлө берсе, сулуу беш катынындын бирөө төрөйт эле го бир азаматты. Көрдүм аларынды. Тил алсаң, тукумум оңолуп, эл-жерге ээ болсун десең ушул катынды ал — деп, Санчы сынчы ой-боюна койбой жатып, Таалаке энебизди Болот бий бабабызга алып берген экен.
        Андан адегенде «жатын чайкаар» Салыбек, кийин Эсенгул бабабыз төрөлүптүр. Бир жолу Болот бийдин айылы конуш жаныртып көчүп калыптыр. Бешиктеги баланын мыкты болоорун сезишкен, көрө албаган күнүлөштөрү Таалакеге азоо бээ мингизип, ага жардам бербөө жөнүндө малайларына бекем дайындашат.
        Азоо бээ минген аялга жердеги бешикти өңөрткөн киши жок, же өзү эңип ала албаган Таалаке:
        - «Бийге кереги жок баланын мага да кереги жок» деп, көч менен кошо бастырып кеткен экен. Күндүк жерге көчүп барышып, боз үйлөрүн тигип жайланышып калгандан кийин баланын журтта калганын Болот бий угуп, түнү менен жигиттерин жиберет. Таңга жуук жигиттер бала калган журтка жетишсе баланы бир кайберен эмизип турган экен. Тигилерди көрүп, төш таяна басып кетиптир. Балага келип караса бети тамылжып, нурданып, эки ууртунан сүттүн көбүктөрү куюлуп, көзүн жылтыратып, аман-эсен жаткан экен. Барган жигиттер баланы аман-эсен Болот бийге жеткиришет. Таң аткандан чыдамы кетип, жол карап, көзү тешилген Болот бий жигиттерге бирден ат мингизип, «талаада калган уулум аман-эсен табылды» деп, ак боз бээ сойдуруп, баланын атын Эсенгул коөт.
        Эсенгул Болот уулу 1730—1731-жылдардын аралыгында туулуп, 73 жашында каза болгон. Эсенгул баатыр эр жүрөк, бою узун, баатыр адам болгон экен. Ошондуктан, кыргызда «Чоңдугу Эсенгулдай» деген лакап таралыптыр. 1860-жылдардан тартып сарыбагыш уруусунун бийлиги аталаш агасы Черикчи бийден Эсенгул баатырга өткөн.
        1771-жылы орто жүз казактарынын султаны Көкжал Барак кыргыздарды басып алуу максатында 5 миң кол менен аттанып чыгат. Чүйдү басып өтүп, Шамшынын бели аркылуу Кочкорго тушөт. Күч тен эмес болгон. Бирок Эсенгул баатырдын айлакердиги, эр жүрөктүүлүгү менен келген баскынчылар талкаланат. Көкжал Барактын Күржү, Арзы, Айтак деген баатырлары менен кошо өлтүрүшөт. Кочкор районундагы «Күржү», «Арзы», «Айтактын чабы» деген жер аттары ушундан калган. Бул согушта Черикчи Темир уулу өзгөчө кайраттуулукту, баатырлыкты көрсөткөн.
        1785—1786-жылдары казак султаны Бердикожо кыргызга кол салат. Эсенгул баштаган кыргыз аскери Бердикожонун колун тал-калап, өзүн өлтүрүшкөн. (Нарын облусунун энциклопедиясы 1998-жыл. 417-6. ) .
        Эсенгулдун тукумдары Кочкордо, Нарында, Ат-Башыдажа-шашат.
        Эсенгулдан: Ниязбек, Асанбай, Үсөнбай, Куттуксейит, Карасарт, Кубат, Абдыраман, Шоорук, Базаркул, Назар — он уул.
        Куттуксейиттен Шамен, андан Байтерек, андан Балбак, Бек-чоро, Чынгыш.
        Ниязбектен: Бердибек, Бердикожо, Субан, Ормон, Ажы, Шатен, Кожобек, Ырыскулбек, экинчи аялынан Түлкү. Үчүнчү аялдан Стам. Түлкүдөн Кооман, Тезекбай.
        Субандан: Адыл, Мусаке - эки уул.
        Адыл Субануулу (болжол менен 1815—1820-жж. туулуп, 1860-жылы каза болгон. Бул киши өзгөчө баатыр адам болгон экен. Эл-жерди, коргоодон кара жанын да аяган эмес. 1847-жылы Кенесары Касым уулунун кыргыздарга жасаган жортуулунда бир топ эрдиктерди көргөзгөн. Бул согушта кыргыздын туусун көтөрүп, намысын коргоп, Абылай хандын небереси, Кенесарынын бир тууган иниси Норузбай султан менен жекеме-жеке эрөөлгө чыгып, далайга чейин кармашып, бирок бирин бири ала алган эмес. Орус бийлиган тааныгысы келбеген жана аларга каршы согуш аракеттерин жасоого, аскер топтоого ниеттенген. Бул аракети бузукулар тарабынан орус бийликтерине билинип калып, Верный чебине камалган. Губернатордун ак падышага кызмат кылуу жөнүндөгү сунуштарын четке каккан. Айрым маалыматтар боюнча ошол жерде өлгөн. Анын сөөгүн инилери жана жан жигиттери Ат-Башынын Кара-Коюн деген жерине алып келип коюшкан. Күмбөз тургузушкан. Адылдын тукумдары Нарында жашашат.
        Ырыскулбектен Кайдуу, Осмон, Мүсүралы. Кайдуудан Чоко. Бул адам билимдүү, өтө сөзмөр, түз жүргөн, бирөөгө катуу айтпаган, акылдуу адам болгон экен. Шабдандын чоң ашын Чоко башкарган. Анын уулу Казы да болуш болуп, 1928-жылы Оренбургга айдалып, ошол жерде каза болгон. Ырыскулбектин балдары Ат-Башыны жердешет.
        Шатенден Качы. Качыдан Мамбет, андан Касымалы ажы, Шералы ажы. Касымалы ажы балдардын илим-билимдүү болушуна кам көргөн. Көп акча каражатын жумшап медресе салдырып, балдарды окуттурган.
        Ниязбек уулу Ормон хавдын кыргызга кылган кызматы нар көтөргүс. Ал жөнүндө адабий, илимий китептер жазылып, театрларда драмалары коюлду. Келечекте дагы көптөгөн чыгармалар, илимий эмгектер жаралаарына ишенимибиз зор.
        Ормондон: Үмөтаалы, Осмонаалы (Чаргын), Аалы, Бакал. Экинчи аялынан үсөн. Казак аялынан Сейилкан.
         Үмөтаалыдан Бекташ, Көкташ, Чакмакташ, Акташ, Оттук-таш, Төлгөташ, Балгалташ, Жайташ, Кенжеташ, Мусапыр (Нурташ), Байташ, Эсенаман. Мындан сырткары да эки уулу болгон.
        Осмонаалыдан (Чаргын) Жамгырчы, Жамынчы, Черикбай.
        Сейилкандан Абдырахман. Сейилкан кыргызга атагы чыккан чоң комузчу болгон.
        Темирден: Кулуке, Боогачы, Черикчи, Назар.
        Черикчи бий Темир уулу (туулган жылы белгисиз — 1785-жылы каза болгон. 1750—1766-жылдардагы сарыбагыш уруусунун башчысы. 1747-жылдагы орус дарегинде Гаддан Церендин тушунда (1727—1745) Анжиян шаарынын башкаруучулугуна Черикчи дайындалгандыгы айтылат. Черикчи бийдин соңку ишмердиш кыргыз-кытай саясий мамилелеринде көрүнөт. Анткени Жунгар мамлекети кулагандан кийин, кыргыздарды өз тарабына тартууга аракеттенген жана ошондой эле Жунгар жетекчилерин кыргыз конуштарынан издөө салган Цинь Кытай империясынын чабарман-дары келе баштайт. Алардын бири Урдэна 1758-жылы Черикчи бийге жолугуп, Жунгар башчыларын колго түшүрүүдө жардам берүүсүн сурайт. Андан кийин ушундай маселе менен Чыгыш Түркстандагы аскер башчысы Чжао Хуэй Черикчи бийге кайрылат жана императордун сарайына кыргыз элчилерин жөнөтүү керектигин ынандырууга аракеттенет. Бул маселени Черикчи бий жалгыз өзү чечпестигин жана улуу башкаруучу Мааматкул бийдин макулдугу менен гана ишке аша тургандыгын билдирет. Көп узабай Чжао Хуэй Мааматкул бийге жолугуп, Кытайга кыргыз элчилерин жөнөтүү тууралуу анын макулдутун алат. Натыйжада Черикчи бий жетектеген кыргыз элчилери саяктан Түлкү Айты уулу, солтодон Ныша Кудайменде уулу 1758-жылы Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, алардын бийлигин тааныгандыгын ооз жүзүндө билдирип жана согуштук жөндөмү менен таанышып кайтышат. Император Черикчи бийге 3-даражадагы чиндик белги тапшырат. Бирок Черикчи бий Цинь Кытай империясынын кыргыз конуштарына көз арткан саясатына каршы турган. 1760-жылы Жунгар жетекчилерин издеп жүрөбүз деген шылтоо менен кыргыз конуштарын аралап жүргөн Кытай отрядына Черикчи бий Ысык-Көлдө сокку урган. 1760-жылдардын аягынан кийин бийлик жакын туугандары Эсенгул жана Атаке баатырларга өткөн. Черикчи бийдин 12 уулунан тараган тукумдар Кочкор өрөөнүндө жана Чүй районунда турушат. (Нарын областынын энциклопедиясынан кыскартылып алынды. Бишкек, 1998-жыл. 399-бет).
        Черикчи бий жаш кезинде чыгаан мергенчи болгон экен. Ал кезде мылтык кармап, эл, жер коргогон бардык эле адамдардын колунан келе берген эмес. Черикчи бийдин коддогону бар киши бо-луптур. Ата-энеси анысын байкап калып, аяр мамиле кылышчу экен.
        Кайсы бир жылдарда ал киши ажыдаар аткан экен. Ошол күнү Борколдой, Жаныбек деген эки уулунан кийин Абайылда деген уулу төрөлүп, аткан ажыдаардын кулагы менен оозанткан экен деп чоң атабыз Жолдоштон уккан жайыбыз бар эле, Абайылдадан жолборсту башка чаап өлтүргөн Төрөгелди баш болгон баатыр, эр жүрөк уулдар төрөлгөн. Черикчиден: Борколдой, Жаныбек, Абайыдда, Жаманкара, Мама, Караменде, Бекбото, Адылбек, Дайырбек, Карабай, Манапбай, Кенжетай - он эки уул.
        Абайылдадан: Шербото, Нарбото, Төрөкелди, Шадыкан, Бекий, Коондук, Капсалаң, Асыл, Пазыл - Ботокөз байбичеден. Экинчи аялдан Шеримбек, Ыбыке. Үчүнчү аялдан Кыдык.
        Төрөгелди баатыр 1798—1799-жылдарда Кочкор өрөөнүндөгү Кочкор-Атага жакын жерде төрөлүп, 1868-жылы ошол жерде дүйнөдөн кайткан. Ормон хандын кол башчысы. Баатыр, эр жүрөк адам болгон. Жаш кезинде чоң энебиз Жийдегүлдү алмакка күйөөлөп келип, кайнатасы Канайдын элине тынчтык бербей, калың камышты мекендеп, өйүзбүйүзгө адамдарды каттаттырбай, кечкисин камыштан чыгып, семиз жылкыларды жара тартып жеп жаман үйрөнгөн чаар жолборсту камчы менен башын жара чаап өлтүргөн. Кыргызга жортуулга келген душмандар менен болгон согушта кол башчы болуу менен чексиз баатырлыкты көрсөткөн. Ошондон тартып анын кадыр-баркы ого бетер өсүп, бүткүл кыргызга атагы тез эле тарап кеткен.
        Төрөгелди баатыр жөнүндө анын чөбөрөсү Сатай уулу Бошкой көркөм чыгарма жазган. «Төрөгелди баатыр баяны» деген ат менен 2002-жылы Черикчи бийдин дагы бир урпагы Тилек Мураталиевдин «Турар» басмасынан көлөмдүү китеп болуп чыгарылган. Белгилүү санжырачы Жапар Кенчиев, тарых илимдеринин кандидаттары А. Беделбаев, Т. Асанов, Р. Жолдошовдор, Төрөгелди баатыр жөнүндө «Эркин Тоо» газетасына (13-август, 1997-ж. , 17-ноябрь 2000-ж. ) көлөмдүү макалаларды жарыялашкан.
        Молдо Кылыч айылына жакын жерде, «Кочкор — Дөң-Алыш» автожолунун он тарабында баатырдын 200 жылдыгына арналып чоң күмбөз курулган. Ары-бери өткөн жолоочулар баатырдын арбагына багыштап куран окуп, анын чексиз эрдигин, баатырдыгын, элге сиңирген эмгегин эскеришет.
        Төрөгелдиден: Шамыкан, Батыркан, Үркүнчү, Карасай, Чоткара.
        Шамыкандан атактуу акын Молдо Кылыч төрөлгөн.
        үркүнчүдөн Өтөмбай, Кудайберген. Кудайберген өзгөчө таланттуу адам, чебер комузчу болгон. Шадыкандан Бектен ажы. Бектенден Токтосун, Алиаскар. Бектен убагында кырк жигит күтүп, эл коргогон. Уулу Токтосун да өзгөчө калыс, мыкты адам болгон. Ыбыкеден: Канаат, Касым, Байдалы.
        Ыбыке уулу Канаат жөнүндө _____ беттен окуңуздар.
        Кыдыктан: Жаркынбай, Чубуй, Осмонаалы. Осмонаалы Сыдык уулу жөнүндө ___ беттен окуңуздар.
        Дөөлөттөн: Карамурат, Надырбек, Бай. Аалы — төрт уул. Карамураттан Ныяз уулу. Надырбектен Мусулман, Сыдык. Мусулмандан: Седет, Абыке, Кубат - үч уул Аалыдан Аккулак уулу. Байдан Калыгул. Калыгул Бай уулу жөнүндө ___ беттен окуңуздар.
        Маматкул бабабыздын экинчи аялынан Андагул, Көккөз, Берик деген үч уул төрөлгөнүн жогоруда айттык эле. Аларды эл арасында «кырк уруу» деп аташат. Мындай аталып калыш себебин санжырачылар ар кандай айтышат. Булардын энеси акылдуу, эл-журттун арасында кадырлуу, бардыгына тегиз караган калыс, кең пейил, мыкты байбиче болгондуктан «Ала-Тоо байбиче» деп аташчу экен. Жогоруда айтылган үч атанын тукумдары бир топ арбын. Алар негизинен азыркы Кочкор, Чүй райондорунда жашашат.
        Хан Кудаяндан Тоголок деген урук тарайт. Булардын уруктары Ходжент тарапта жашашат. Мезгилинде ары-бери сүрүлүп жүрүп, ошол тарапка туруп калышкан. Тагай менен Маматкул бабаларыбыздын ураанын чакырышат. Бир аз түтүн эл Кочкордо жашашат.
        Сарсейиттин уулу Түлкүдөн Тынай. Тынайдан: Атаке, Сатыбалды, Сокур. Атакеден: Солтоной, Абылай, Байшүкүр, Жангазы, Кара-бек, Таштанбек, Сартай - жети уул.
        Карабектен: Жантай, Телтай, Молтой, Маргозу. Жантайдан: Мырзаалы, Чыпай, Искендер, Маамыт ажы, Шабдан баатыр, Ыйманалы ажы, Төлө ажы, Ысабек ажы, Ыскак - тогуз уул.
        Шабдан баатырдан: Солтонбай, Мөкүш, Молдо Самүдүн, Кемелидин. Аманидин - беш уул.
        Атаке баатыр Тынай бий уулу айрым маалыматтарга караганда 1738-жылы жарык дүйнөгө келген. Атаке баатыр эр жүрөк, кысталыш мезгилде чукугандай сөз тапкан чечен, баатыр адам болгон. Кыргыз жерин коңшулаш жашаган башка элдерден коргоодо, саруу уруусунун башчысы Бердике баатыр менен бирликте Чүй өрөөнүнөн жунгар баскынчыларын сүрүп чыгарууда көп күч жумшаган. Ал жаш кезинен эле өз уруусунан топтолгон жоокерлерге жетекчилик кылып, кандуу кармаштарга түздөн түз катышкан. Баатырлыкты көргөзүп, тендешсиз согушта жоо колунан жарадар да болгон. Үстүнкү эрдине кылыч (найза) тийип, тырык болуп бүтүп калгандыктан, дайыма аны чүмботтөп жүргөн.
        Элинин тагдьтры, келечеги Атакенин тынчын алып, дайыма түйшөлтүп келген. Кыйын кысталыш мезгилде Кокон хандыгы, кытай бийлиги ж. б. тегеректеги элдер кыргызга тынчтык бербей турган оор учурда күч-кубаттуу орус мамлекети менен байланыш түзүүнү туура көргөн.
        Бул максатта Атаке баатыр уруулардын башчыларын, айыл аксакалдарын кенешке чакырьш, өтө маанилүү маселени ортого салып, көпкө талкуулашкан. Курултайда ошол кездеги эң чон. аймакты ээлеген, мьткты курал-жарактар менен куралданган, күчтүү аскери бар Орусия менен алака түзүү жөнүндөгү Атаке баатырдын сунушун көпчүлүгү колдошкон жана Ак падышага элчи жиберүү жөнүндө бүтүм чыгарышкан.
        Атаке баатыр Орусиядай чоң өлкөгө жибере турган элчилер жөнүндө көп түйшөлүп, катуу ойлонгон. Акылга дыйкан, элге кадыр-барктуу, бөтөн эл, бөтөн жердин шартын, каада салтын, азбы-көппү тилин билген, мурда Орусияда жашап келген, капилеттен жол тапкан Абдырахман Кучаков менен Атакенин ишеничтүү адамы, бакма баласы Шергазыны жиберүүнү туура табышкан. Абдырахман Алкучак уулу (өз аты Карыганбай) 1739-жылы туулган. 1757-жылы туугандары менен Орусия мамлекетинин букаралыгына отүп, Астрахань губерниясында жашаган калмактардын арасында он беш жылга жакын убакыт жашап, кайра эл жерине кайтып келген. Түштүктүн шаарларында Атаке баатырдын соода иштерин аткарып турган.
        1785-жылдын жазында кыргыз жергесинен аттанышкан элчилер адегенде Сибирь аймагын башкарган генерал-губернаторго жолугуп, анын уруксатын алган сон, андан ары жолун улантышып, 1785-жылдын 29-декабрында Орусиянын борбору Санк-Петербургга жетишет.
        1786-жылдын 15-мартында, жекшемби күнү чет өлкөлүк министрлердин куттуктоосун кабыл алгандан кийин, алардын катышуусунда вице-канцлер граф Иван Андреевич Остерман ошол кездеги Орусиянын улуу урматтуу айымы Екатерина IIге Атаке баатыр жиберген элчилерди тааныштырат.
        Элчилер Екатерина IIге Атаке баатыр жиберген катты, бир кулду, үч илбирстин жана 5 сүлөөсүндүн терисин таишырышкан. Ага жооп кылып, Екатерина айым Абдырахманга 100, Шергазыга 25 сомдук күмүш теңге бердирген. Атаке баатырга 800 сомдук накта күмүш теңге чектеген, бирок Орусиянын ханышасынын бул сый белеги Атаке баатырдын колуна тийгени белгисиз бойдон калган.
        Саясий кырдаал оорлоп турган мезгилде, ички-тышкы саясатты учурга жараша өзгөчө айлакердик жана билгичтик менен жүргүзүп, Атаке баатыр такшалган адис дипломат катары Орусия менен кыргыздардын ортосундагы дмпломатиялык мамилени түзүүгө жетишкен.

    ЖАНТАЙ ХАН ЖАНА АКМӨӨР ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)

        Жантай хан жана анын кичүү зайыбы Акмөөр жөнүндө ар кандай уламыштарды айтып жүрүшөт. Акындар ырга салып, поэма жазышты. Драматургдар драма жазып, театрларга койдурушту. Телефильм да тартылды. Совет доорунда хан Жантайды өзгечө келекелеп, «соолуган Жантай», «карыган Жантай» дегенге чейин барышты. Чын-төгүнүнө жетишкен да жок. Бийликке жагынуу үчүн, жагыш үчүн нелерди гана жасашпады. Манаптарды «зөөкүр, канкор, чык татырбас, сасык бай» дешип алынын келишинче жамандашты. Көрсө баарыбыз тен пенде экенбиз, пендечилик кылып, күндөлүк көр оокаттын айынан адам бардыгына тең бара берет тура. Ал аз келгенсип шайтан азезилдей азгырып, көрө албастык, ичи тардык, зөөкүрлүк, дүнүйөкорлук айрым адам-дардын каны-жинине сиңип калгандай, өмүр бою, кенедей жабышып, кетпейт тура. Замандьш, доордун өзгөргөн агьшына жараша кийинки муундар чын төгүнүн, ак-карасын, талдап, салмактап, таразалап көрүп, жаныча көз караш менен өздөрү калыстап, тыянак чыгарганы оң.
        Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктьш ээси Абдырасул Токтомушев өткөн кьшымдын 70-жылдарында ата энеси Акмөөрдун кызматчы-чайчысы болгон, кийин Жантайдьш Акмөөрдөн төрөлгөн уулу Мунайтпастын колунда кызматын кылып, чайчысы болуп келген Токкожо уулу Тентимиш аксакалдын өз оозунан Жантай менен Акмөөр жөнүндө даанасын угуп, кагазга тушүргөн экен.
        Хан Жантайдын түпкү ата-бабаларын айтпай эле, жакыныраак жерден баштап чон атасы Атаке баатыр, чоң таятасы саруудан чыккан атактуу Бердике баатыр экенин айтсак жетиштүү болоор. Атаке баатыр менен Бердике баатыр жакшы мамиледе болушкандыктан кимин бел куда болушуп, Атаке Карабек деген уулуна Бердикенин уулу Жаныбектин кызы Анарды алып берген экен.
        Хан Жантай кайсы бир жылы эл көргөнү, жер көргөнү жан жөкөрлөрү, жигиттери менен айтылуу Кеминден аттанып чыгыптыр. Бара турган жери Анжиян, Алай экен. Шамшы ашыгт, Кочкорго чыгып, андан Сон-Көлгө ашып, Ак-Талаа, Тогуз-Торо аркылуу Түштүккө бармак болуптур.
        Соң-Көлдү жээктеп баратып, белестен аша түшкөндө келгө түшүп жаткан кыз-келиндердин үстүнөн чыгышат. Чоочун кишилерден бир чети айбыгып, бир чети уялышкан кыз-келиндер алдастай түшүшүп, чечип койгон кийимдерин көздөй чуркашат. Алардан өзгөчө бөлүнүп, көл ичинде бир кыз калып калганын байкаган Саза хаига кайрылып:
        - Баатыр, бир аз аярлаңызчы, тигинде бир кыз калды көрүнөт - дейт.
        Кыраакы Жантай көл ичинде аппак денесин көмүрдөй капкара чачы менен жапкан кызды көрүп, анын тегин кыз эмес экенин баамдайт.
        Саза баатыр баштаган жаи-жөкөрлерү кыздын аты жөнүн, атасынын атын билишип, Жантай ханга кошомат кылып, аны азгырып, саяктын ичиндеги кадыр баркы бар, колу жетиштүү Боркоктун уулу Адылга жуучу түшүп, бир нече күн жатып калышат.
        Адегенде кызынын кайындап койгонун айтып макул бол-бойт. Чыны бий баш болгон саяктын билермандары Адылды эпке көндүрүшөт. Ошентип кыздын атасынын Акмөөрдү хан Жантайга бербеске башка аргасы калбайт.
        Жантай 53 жашында 14 жаштагы Акмөөргө үйлөнөт. Буга чейинки алган аялдарынын экөө да саяктын кыздарынан экен.
        14 жашка толуп, жаңыдан бой тартып келаткан Мөөркан өзгөчө зиректиги, жаш да болсо акылдуулугу, чанда гана адамдардын шыбагасына тийүүчү сулуулугу менен бир улуу күчкө таянып, далай жаман-жакшыны керген, кандуу кармаштарды башынан өткөргөн, бүтүндөй бир уруунун башчысы болуп, ак кийизге отуруп хан атагын алган, чексиз бийлик менен ченемсиз байлыкка ээ болгон, эр ортону элүүдөн ашып, акылы толуп турган хан Жантайды бир аз алдастатып, уруулар менен уруулардын ортосундагы нечен түйүндүу маселелерди чечкен, эл журтка атагы чыккан бир канча салабаттуу жан-жөкорлөрү менен нечен күндөн бери беттеп келе жаткан жолунан калтырат.
        өткөн-кеткендерин ойлоп, жериненби, суусунанбы, абасынанбы, айтор сулуулукту, акылдуулукту, айлакерликти, талантты ургаачыларга бөлүштүрө келгенде, табият саяктын кыздарына берешендик кылганбы? — деген ой-пикирди кулагыбыз чалып калып жүрөт. Кандай болгон күндө да «жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» эместти.
        Акмөөр өзүнөн бир топ жаш улуу болсо да тагдыр байлаган Жантайдын касиетин жогору баалагт, калк атасы катары урматтап-сыйлап, бүткүл жөндөмүн, күч-аракетин жумшап, калайык калктын астында аны менен бийлик, мансап талашкан курбалдаштарынын, уруу башчыларынын арасында кадыр-баркынын жогору болушу үчүн дайыма кам көргөн.
        Жантай да өз мезгилинде өзүнүн багына жаралган баа жеткис шыбагадан куру калгысы келген эмес. Адылдык кызы Мөөрканды «Акмөөр» деген атка кондуруп, бүткүл эл-журтка таанытып, нечен кылым өтсө да кыргыз кыздарыньгн сулуулугу менен акылдуулугунун символу катары легенда кылып айта жүргүдөй, тарыхка калышына тиешелүү деңгээлде салым кошкон. Асмандан учуп келип колуна конгон куштай Акмөөрдү бапестеп өстүрүп анын тунук акылынан, табият тартуулаган сын-келбетинен күч-кубат, демөөр алып, атаандаштарынын арасында өзүн жогору сезип, таалайына туш болгон алган жарын өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин сыйлап өткөн.
        Жантай Акмөөрдөн Муңайтпас деген уулдуу жана эки кыздуу болгон.
        Жантай өлгөндөн бир жыл өткөн сон, ашын бергенден кийин, Акмөөр оорубай-сыктабай туруп эле каза болуп, кайткыс сапарга узаптыр. Жантай азыркы Бейшеке кыштагынын жанына, Акмөөр Жол-Булакка коюлган экен. Эл оозунда Баяке колдуу болгон деген кеп бар, бирок аны Тентимиш аксакал өзүнүн сөзүндө төгүндөптүр. Анткени Баяке, мурда Жантайдын кичүү аялы Курманы өлтүрүп коюп, (ал да өзүнчө ангеме) манаптарга коркок билиш болуп калган жери бар экен.
        Акмөөр Шабдандын кичүү энеси болгондуктан, анын жигити Баякенин энесиндей болгон Акмөөрдү өлтүрүүгө негиз болбоптур.
        Тынай бий бабабыздын мыкты урпактары: Атаке баатыр, хан Жантай, Шабдан баатырларды окурмандар жакшы билишет. Алар жөнүндө тарыхый материалдар, китептер жетиштүү. Театрларда драмалары коюлган. Ушуга байланыштуу көбүрөөк токтолууну эп көрбөдүк.

    КАРАЧОРО, АЗЫК, САЯК, ЧЕРТИКЕ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)

        Тагай бий бабабыздын Эреше ханга барганын санжырачылар ар кандай айтып жүрүшөт. Мен да ал жөнүндө чоң аталарыбыз Бөтөнбай уулу Жолдоштон бала кезекте угуп калган жайым бар эле.
        Тагай бий Эреше хандын (менимче Сейит хандын убагында М. Б.) карамагында ак үйлүүдө болгон экен. Ал жерде бир нече жыл жүрүп калат. Бой жүрүп, анын үстүнө жашы алтымыштарга барып калган кези болсо керек, кыйналып жүргөнүн ордо кызматчыларынан угуп, хан ордо кыздарынын бирин «кир кечесин жууп, кызматын кылып берсин» деп Тагай бийге алып берет. Мезгил өтүп, Тагай бий элине кайтаарында алган аялын кошо ала кетейин десе болбойт.
        - Мен эми элиме кайта турган болдум. Чогуу кетели десе болбодуң. Боюнда бала калды, кыз болсо өзүң билип, ылайыктуу жерине узатаарсың. Эркек болсо атын Карачоро кой. Эр жеткенде ата-тегин айтып, мынабу кестикти бер. Дээринде болсо мени издеп таап алаар - деп элине аттанып кеткен экен.
        Карачоро аман-эсен төрөлүп, чоңое баштайт. Тентек, шок бала болот. өзү менен ойногон балдарды уруп, ыйлатып койгон учурлары көп болот. Карачоронув кылыгына чыдабаган балдардын ата-энелери: Эй тентиген кул, балдарды сабаганды коюп, атанды издеп таап албайсыңбы?! - деп, ачуулары менен балага катуу айтып сышат. Бала ыза болуп, энесине келип укканын айтып, ата-тегин сураса айтпай коөт. Энеси арпа кууруп жаткан мезгили экен, Карачоро ысык арпаны энесинин алаканына сала коюп, беш манжасын бириктире кармаганда, энесинин айласы кетип, болгон чындыгын айтып, балага кестикти берип, ата-тегин, эли-журтунун дайнын түшүндүрүп, жолго салат.
        Карачоро атасын издеп келе жатып, жолдон ар кандай учурда үч балага жолугат. Аларды өзү менен кошо ээрчитип алат.
        Ал кезде Тагай бийдин жашы улгайып калган мезгили экен. Айылынан обочороок түзөндө эл менен балдарды күрөштүрүп, эрмек кылып отуруптур. Балдар салам айтып, отуруп калышат. Карачоро ошо жердеги балдар менен күрөшүп, баарын жыгат. Тигинин тегин бала эместигин сезген Тагай бий баланын дайынын сурайт.
        Мен сиздин балаңыз болом. Атым Карачоро - дейт бала.
        Кандайча? - деп баланы ормоө карайт, күтүүсүздөн берген жоопко тан калган бий.
        Карачоро болгонун болгондой айтып берет.
        - Эмне белгин бар? - деп кайра бышыктап сурайт Тагай бий. Карачоро атасы тыштап кеткен кестикти көргөзгөндө Тагай бий анын баласы экенине толук ишенип, аталык мээримин төгүп, баланы кучактап, жыттап, көгттөн берки кусалыгын таратат.
        - Бул балаң ким болот? - дейт катарлаш отурганын көрсөтүп.
        Бул бала жетим экен. Жолдон жолукту. Азыгымды көтөртүп алдым - дейт Карачоро.
        Анда эмесе бул баланын аты Азык болсун - дейт бий атабыз.
        Андан кийинки отурган балага карады эле, Карачоро дагы жооп берет:
        - Бул баланын да багаар-көрөөрү жок. Тентип, көрүнгөн жерде селсаяктап жүргөн бала экен, бу да жолдон жолукту. Анда бул баланын аты Саяк болсун - дейт бий атабыз.
        А бу чедирейген кара балаң кайсы? -дегенде, Карачоро ал баланын да дайнын айтат.
        Бу чедирейген кара баландын аты Чертике (мүмкүн Черик болсо керек. М. Б.) болсун. Төртөөңөр тең менин балам болосуңар деп, баарын тен бирдей асырап, байбичеси эмчегин эмизип, балдарына эмчектеш кылып, чоңойгондо энчилерин бөлүп берген экен.
        Ушул жерде белгилей кетчү нерсе башка санжырачылардын айткандарында Чертике жөнүндө бул мааниде кеп болбойт.
        Коңурат менен Чертике жөнүндө чыгаан санжырачы Төрөкан уулу Эсенкулдун «Кыргыздын кыска санжырасы» китебинде (Бишкек, 1995-жыл, 39-6.) жана Шералы Мамырбаевдин жыйнаган санжырасында (Кыргыз санжырасы. Бишкек, 1994-ж., 258-б.) толугураак айтылат.
        Ал эми «тарыхчы Белек Солтоноев өзүнүн «Кызыл кыргыз тарыхы» китебинде Тагай бийдин ордо кыздан туулган баласынын атын Жангороз деп жазган.
         (Б. Солтоноев. Кызыя кыргыз тарыхы. Бишкек, 1993-ж. 97-6.)
        Жангороз эр жүрөк адам болгон экен. Душмандар менен болгон кан төгүлгөн кармаштарда нечен жолу баатырлыкты көргөзгөн. Кийинчерээк аталаш агалары менен ынтымагы келише албай Талас тарапка ооп кеткен экен. Анын урпактары: Түлкү, хан Тейиш, Аккочкор, Канкы, Көкүмдөр кыргыз элине кызмат кылган, тарыхта аты калган, баатыр адамдар болушуптур.
        Бала Айылчынын айтуусу боюнча Абдыкадыр Сарымсаков жыйнаган санжырада жогоруда айтылган окуя дагы башкачараак берилген.
        Азык, Саяк, Чертикенин Карачорону ээрчип келип, Тагай бийге кандайча бала болуп калышканы жогоруда айтылды. Азык тигилерден улуураак жана тирикараак болсо керек Тагай бий бул уулуна көбүрөөк йшенип, жооптуу милдеттерди ага тапшырчу экен. Мындан сырткары жоокерчилик заманда анын баатырдык жайы да болуптур. Ошондуктан атасы аны каалаган кызына үйлөндүргөн экен.
        Азыктан Кашкелең, андан Бычман, Байкүчүк, Козугуна, Бөрү деген төрт уул төрөлөт. Азыктын тукумдары Ат-Башы, Нарын, Кочкордон тартып, аягы Олуя-Атага чейин таралыптыр.
        Жоокерчилик заманда, тышкы душман менен кан төгүшүп кармашкан учурларда азык, саяк, черик, моңолдор, мундуз урууларынын мыкты уулдары, баатырлары Тагай бий бабабыздын тукумдарына дайыма жардам берип, жеңилин жерден, оорун колдон алып, жалпы кыргыз үчүн кызмат кылып келишкен. Алардын бири кечээ Ормон хандын заманында Кенесары хан баштаган баскынчыларга каршы күрөштө эбегейсиз эрдиктерди көрсөткөн азык Андаш баатыр. Бул адам эбегейсиз зор мүчөлүү адам болгон экен. Эр жүрөк, көзүнөн от жанган, өтө сүрдүү кандан-бектен кайра тартпаган баатырдык жайы болуптур. Кичинесинде казак таенесинин колунда өсүп, эс-акылы кирип калганда эл-жерине келип кошулган. Адегенде Төрөгелди, кийинчерээк Нарбото баатырдын тарбиясын көрүп, кылыч чаап, найза сайгандын түркүн ыкмаларын үйрөнгөн. Мунун натыйжасы жогоруда айткандай Кенесарынын колу менен болтон кандуу кармашта Андаш баатырга атак, даңк алып келген.
        Казак элинде Шапырашты Казыбек бек Таусарулы деген өтө билимдүү, тарыхчы, окумуштуу, музыкант адам жашап өткөн. Бул киши 1692-жылы азыркы Талды-Коргон облусундагы Кербулак ауданында жарык дүйнөгө келген, 1776-жылы каза болгон.
        Анын атасы Тауасар Матай уулу баласын беш жашынан алыскы Букарадан окуткан. Дин окуусун төрт жылы окуп келгенден кийин Казыбек тогуздан онго караганда өзү бала болуп туруп элдин суроосу боюнча бала окуткан. Бала чак өзүнчө керемет курак эмеспи. Түштөн кийин өзү окуткан балдар менен чүкө ойноп, тай минип, жарышып кетчү экен. Чоң атасы Матай да сабаттуу, заманында үйсүн-Найманга кадырлуу киши болгон. Казак менен кыргыздын ортосуна данакер болуп, эки элдин ынтымакта жашашына кеп күч жумшаган. Ошол кездеги кыргыздын атактуу чечени, билерман адамы Төлөкөй менен дос болуп, кичүү уулунун атын да Төлөкөй койгон. Арадан эки жыл өткөндөн кийин Казыбек кайрадан окууга аттанат. Бул жолу ал жалгыз кетпей, өтөгул бай өзүнүн бир уулу өтөгөндү Казыбекке кошуп берет. Бул бала да кийин казакка белгилүү, атактуу адам болуп чыга келет.
        Эки бала адегенде Букарада, андан кийин Самаркантта окушат. Самаркантта жападан жалгыз билим ордосу болгон Улугбектин медресесинен бир жарым жыл билим алышат. Казыбектин ал жакта окуган мезгилдеги чыгымдары үчүн атасы жылына он беш бээ, жүз элүү кой жөнөтүп турган. Мындай мүмкүнчүлүк ал кезде кыргыз менен казактын үч уктаса түшүнө да кирген эмес.
        Андан кийин Ооганстанда, Персияда, Турцияда болуп, Исфахан, Тегеран, Багдат, Истамбул, Шам шаарларындагы ошол кезде дүйнөгө атагы чыккан китепканалардан Ал-Фараби, Ал-Бируни, Ал-Хорезми, Ал-Батанинин эмгектери менен таанышкан.
        Италияда болуп операларын көрөт. Рембрант, Рафаел, Джованни сыяктуу дүйнөгө таанымал сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышат. Римде, Берлинде болгон. Орусияда беш жарым ай жашаган.
        1709-жылы, арадан сегиз жыл өткөндөн кийин элге кайтып келген. Хан ордодо кызмат өтөгөн. Калмак менен ойротторго каршы жүргүзүлгөн согуштарда мурда окуган-билгендеринин, көп шаарларды кыдырып көргөндөрүнүн пайдасы тийип, баатырлыкты көргөзөт. Аңыракайда нечен адамдын башын жуткан 44 күндүк согушта казак жоокерлерин башкарып, жеңишке жетишкен. Мына ошондон кийин Казыбек баатырга Бек атагы берилип, бир нече жыл хандын сол тизесин баскан, Жолборс хандын согуш жана элчилик иштерин башкарган. «Жетим Жолборс», «Карадан чык-кан хан Абылай», «Шапырашты тайпасы, Дулат табы» деген китептерди жазган. өмүрүнүн акыркы күндөрүндө «Түп бабаларыман өзүмө чейин деген» казак тарыхын жазып, 1776-жылы, 84-85 жаш курагында бүтүргөн.
        Казыбек бек өтө билимдүү адам болгондуктан казактын тарыхын кең-кесири жазып чыккан. Ал эми кыргыз менен казак бир атанын балдары, бул мезгилге чейинки жыргалы да, куура-лы да бирге болгон. Калмактарга, ойротторго, кара кытайга каршы бирге согушуп, эркиндик үчүн, урпактарынын келечеги үчүн кан төгүп келишкен. Жогоруда айтылган китепте саяк уруусу жөнүндө маалымат бар. Ошондуктан Казыбек бий жөнүндө түшүнүк берип кеткенибиздин жөнү ушундай.
        Шапырашты Казыбек бекгин кыркынчы атасы. Шапыраштынын Ыстык, Кыстык, Абак, Саяк деген төрт уулу болгон. Тыргоот, ойротгор менен болгон кайсы бир согушта Абак менен Саяк (Гүнайым эне эгиз төрөптүр) дайынсыз жоголуп кеткен экен. Кийин Алтай тоолорун мекендеген кыргыздардын колуна барып, алар менен эл-журт болуп, тукуму өсүп, биротоло сиңишип кеткен экен. Саяктын балдары жашагандыктан азыркы Саян тоолору ал кезде Саяктоолорудеп аталыптыр. Кийин кара кытайлар өздөрүнүн тилине ылайык Саян деген атка көчүрүшкөн экен. 980-жылы Саяк тукуму Чүй, Талас боюна келип отурукташып калыптыр.
        Эми мунун канчалык чын-төгүнү бар экенин азыр эч ким далилдей албайт. Келечекте тарыхчылар изилдеп, өйдө-төмөнүн тактайт деген ойдобуз. Ал эми окурман болсо өздөрү таразалап алаар, а биз болсок өзүбүз окуганды кандай жазылса, калыбынан бузбай сиздерге жеткирүүгө аракет кылдык. Саяк уруусунун Чоро уругунун мыкты уулдарынын бири Тайлак Ырыскул уулу. Ал атактуу Жанболот баатырдын небереси. Тайлак баатыр 1796-жылы азыркы Нарын дарыясынын жээгиндеги Каргалык деген жерде төрөлүп, 1838-жылы азыркы Акталаа районунун Куртка деген жеринде каза болгон. Кыргыз элинин көз каранды эместиги үчүн чет элдик баскынчылар менен болгон күрөштө бир катар баатырлыкты көрсөткөн. Кокондун ханы Мадали Тайлак баатырга каршы Арап башында турган 500 сарбазды жиберген. Тайлак баатырдын жетекчилиги менен кыргыз жигиттери баатырдыктын эң сонун үлгүсүн көрсөтүп, келген баскынчыларды талкалап, жекеме жеке сайышта Тайлак баатыр Арапты өлтүргөн. 1825-жылы кытайдын Синьцзяндагы башкаруучусу кыргыздарды талкалап, анын жетекчилерин кармап келүү үчүн Баян Бату баштаган 500 адамдан турган аскерин жибергең. Алар Тайлак баатыр жокто анын айылын курчоого алып, талап-тоноп, зордук-зомбулук көрсөтүп, жүздөй адамды өлтүрүшкөн. Бул кабарды уккан Тайлак тезинен кол курап, Ойнок-Жар деген жерде келген баскынчылардын баарын кырышкан. Ал эми Кокондун ханы күч менен Тайлак баатырды багындыра албастыгына көзү жеткен сон, ылайыгын келтирип өлтүрүү үчүн дубана кийимин кийгизип, эн мыкты тыңчысын жиберет. Ал үч жыл бою Тайлактын элинде жашап, дарыгер, табыпчы катары ишенимге кирет. Күндөрдүн биринде Тайлак ооруп калганда кан алам деп, ууга чыланган учтуу шиш менен мурунга саят да, өзү токтоосуз качып кетет. Тайлак баатыр ошондон каза болот. Баатырдын өлгөндүгү жөнүндө эл ичинде башка варианттар айты-лып жүрөт. Мындан кийин баш-көзсүз калган элди кокондуктар тез эле багынтып алып, Тайлак баатыр талкалаган Куртка чебин калыбына келтиришкен. Тайлак баатьгр жөнүндө Тоголок Молдо баш болгон акындар, жазуучулар көптөгөн чыгармаларды жазышкан, китептер жарык көргөн. Нарын областык музыкалык драма театрында «Тайлак баатыр» драмасы коюлган. 2002-жылы Соң-Көл жайлоосунда чоң маараке өткөрүлгөн. (Нарын облусунун энциклопедиясынан кыскартылып алынды). Саяк уруусу жөнүндө көптөгөн материалдар бар. Заманыбыздын чыгаан санжырачысы Кенчиев Жапар (Жыпаркары) агабыз көз майын коротуп, кыпындайдан чогултуп, саяк уруусунун санжырасын китеп кылып чыгарган. Ошого байланыштуу ушуну менен саяк уруусу жөнүндө баяныбызды токтотууну эп көрдүк.

    МОҢОЛДОР МЕНЕН ЧЕРИК УРУУСУ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)

        Казактын Ак-Дөбө деген жеринен Көкө, Дайыр деген эки бала атасы каза болуп калгандан кийин ата-бабаларынын жери-не, Адигине, Тагайдын колуна келип, кызматын кылып калышат экен. Көкөсү тың, адамга жугумдуу, балбандык, баатырлык жайы бар жигит экен. Калмак менен кыргыздын ортосунда болгон кайсы бир кармашта чон, эрдикти көргөзүп, Адигине, Тагайга жагып калат. Ар кандай себептер менен Адигине, Тагайдын эжеси Наалы эже турмушка чыкпай жүргөн экен. Жогоруда айткандай эрдик көрсөткөндөн кийин Көкө Наалы эжеге да жагып калса керек. Анысын байкаган эки бир тууган:
        - Эжебизге айткыла, жактырган адамы бар бекен? - деп, аялдарын жиберишет.
        Наалы эже:
        - Ызы-чуу кылып, мага эки жактан күйөө издебегиле. Өзүбүзгө кол бала болуп калды. Көкөгө эле нике кыйдырып койгула деген экен. Эки бир тууган эжесинин айтканын эки кылбай, дайыма сыйлашчу экен, айтканын айткандай аткарышат. Дайыр болсо менден мурун үйлөнүп алдың деп Көкөгө нааразы болуп, казакка кирип кетет. Казак ичиндеги жалайыр уруусу Дайырдын тукумунан таралган деген кеп бар.
        Наалы эже эркек терөп, атын Моңол коюшат. Наалы эженин колунда күңү болуп жүргөн Дор деген кыз болуп, Моңолду көтөрүп, ойнотуп, тең өсүп, чоңоөт экен. Кийин экөөнүн тукум-дары Моңолдор болуп аталып калса керек.
        Моңол кен пейил, келим-кетимдүү, кенен дасторкондуу адам болуп, үйүнөн конок үзүлчү эмес экен. Ошондон улам Моңолдор журттун уюткусу деп аталып калыптыр:
        Моңолдордон Асан төрөлөт. Асандан Самансур. Самансурдан төрөлгөн он бир уулдун экөөнүн тукумдары: Сарыбайдыкы Чүйдө, Ошто, Таласта, Бакыбайынан тараган тукумдар Нарын, Ысык-Көл областтарында жашашат.
        Осмоналы Сыдьтк уулунун жазганына караганда Моңолдордон Самансур, андан Бөгөнөк, Бакы деген эки уул торөлөт.
        Бөгөнөктөн Алагар, Абдик, Баймоңол, Куусөөк деген төрт уул.
        Ат-Башы, Нарындагы ар кайсы жерде бириндеп жашаган моңолдорду бир жерге чогултуп, өзүнчө болуштукту түзүүдө кадимки Боогачы ырчынын атасы Жакыпбектин кылган чоң мээнетин баса белгилеп кеткенибиз дурус.
        Бакыдан Улуу кыйра, Ортокыйра, Балакыйра. Жоокерчилик заманда Тагай бий бабабыз Кашкар тарапка жасаган жортуул-дардын биринде бешикте калган эркек баланы таап алышат экен. Ал балага Черик деген ат коюшуп, Наалы эжеге беришет. Чериктеи Кудайкул, Кудайберди, Тайчык.
        Кудайкулдан Аба, Акчубак, Байчубак. Чериктер Ат-Башыда, Кытайда жашашат. Бул уруудан да мыкты азаматтар чыккан. Алардын бири бүткүл кыргызга таанымал, Акчубактын Жабыке уруусунан чыккан Мамбетимин (Күчүк) уулу Казыбек казалчы.
        Казыбек казалчы жөнүндө ____ беттен окуңуздар.

    АДИГИНЕ, МУҢГУШ УРУУСУ                                                  (түзүмгө)

        Осмонаалы Сыдык уулунун санжырасы боюнча Адигине он урукка, Муңгуш он үч урукка болүнөт.
        Алар төмөндөгүдөй:
        Адигинеден — Сарт, Баргы, Бөрү, Көкчө уулу, Олжоке, Тооке, Сабай, Жору, Ардай, Мөнөк.
        Муңгуштан — Эрке кашка, Төлөйкөн, Маңгыт, Көк-Жаңгак, Сокулук, Жапалак, Кодогочун, Жоош, Жылкелди, Сарала, Теке, Бөкөрү, Татар.
        Ушул жерден эскертип айта кетчү нерсе, кийинки санжырачылардын айткандарында Адигине, Муңгуш (Моңоштун) тукумдары бир аз башкача айтылат. Ошондуктан окурман өзүнүн көңүлүнө туура келип, тагыраак деген вариантын кабыл алат деген ойдобуз.

    АЛЫМБЕК ДАТКА МЕНЕН КУРМАНЖАН ДАТКА ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)

        Кыргыздын мыкты уулдарынын бири Алымбек датка Адигине уруусунун Баргы уругунан чыккан. Айтылуу Алай жергесинде төрөлгөн. Бирок туулган жылы жөнүндө так маалымат жок. Калыстыгы, акылмандыгы, намыскөйлүгү аны Анжыян элинде чон кадыр-баркка, зор сый-урматка жеткирген. Маллябектин Кудаяр хандан Кокондун бийлигин тартып алууда болгон кандуу кармашында Алымбек датканын жардамы катуу тийген жана анын көмөгү менен Маллябек Кокондун хан тактысына отурган (1858 - 1962-жж. )- Бул кызматы үчүн Алымбек хан тарабынан Анжыян вилайетине аким болуп дайындалган. Хан ордодо вазирлик мансапка да ээ болгон. Кыргыз элинин таламын дайыма талашып келген. Бул иш ордодо өзгечө опурталдуу жана коркунучтуу болсо да, калайык калктын кызыкчылыгы үчүн өзүнүн керт башын сайып койгон. Акыры анын элдешкис душмандары хан сарайдагы болуп өткөн козголондо эбин таап, көзүн тазалоого жетишкен.
        Кыйынчылык учурларда аркалык туугандарын дайыма тирек, бел тутуп келген. Алар менен ынтымакта болуп, Ормон хан, Жантай, Жангарач, Осмон датка менен ынгайы келген учурларда катышып турган. Аркалык кыргыздар менен Анжыяндык кыргыздарды жакындаштырып, бириктирүү жөнүндө жакшы ойлору болгон. Бирок датканын асыл ойлору белгилүү себептер менен убагында иш жүзүндө аткарылбай, кийинки муундардын шыбагасына калган.
         «Алай ханышасы» атыккан Курманжан Маматбай кызы 1811-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал кичинесинен эле эрктүү, мүнөзү бекем болуп өскөн. Ата-энеси кудалап берген адамын жактырбай, тез эле ажырашып кеткен. Ал кезде мындай ишти аял затынан эч ким аткара алган эмес. Кийин, 1830-жылы өзү каалаган, ошол өрөөндөгү мыкты азамат жигиттердин бири Алымбекке турмушка чыккан. Курманжан сүйгөн жары катары үй жумуштарын гана аткарып тим болбостон, Алымбек даткага мамлекеттик иштерди аткарууда акыл-кеңешчиси, кыйын кысталыш кездерде жол тапкан жандай көргөн жардамчысы болгон. Кокондун хан сарайындагы чыр чатактын кесепетинен Алымбек датка курман болгондон кийин бардык түйшүк Курманжандын башына түшкөн. Аял болсо да бүткүл Алайды башкаруу, элинин ысыгына күйүп, суугуна тонуу анын шыбагасына тийген. Чыгыш элдеринде мурда болуп көрбөгөн окуя, ошол мезгилдеги дин-Исламдын очогу болгон даңазалуу Бухара-и-Шарифдин амири Музафар тарабынан ага «Датка» наамынын ьгйгарылышы анын кадыр-баркын ого бетер көтөргөн, бүтүндөй бир өрөөндүн эли-журтунун алдында зор милдет жүктөлгөн.
        Ал кездеги Кокондун улам бири алмашып турган хандары, бийлик ээлери, хан сарайдагы билермандар Курманжан датканы сый-урмат менен кабыл алып, ой-пикирин, сунуштарын угуп, көп учурда аны менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. «Курман-жандын колдогону кызыл жолборс» - деп, айыл аксакалдары, ар уруктун башчылары, анын өзгөчө касиетин баалап, ызаат кылып, урмат көрсөтүшкөн. Кийин орус бимликтеринин өкүлдөрү, Фергананын аскер губернатору генерал М. Скоблев да датка айымды терен. урматтап, аяр мамиле жасашкан.
        Курманжан Алымбекти аябай урматтап, сыйлаган. Анын эл арасында, хан ордодо кадыр-барк күтүшүнө, мартабасынын улам жогорулап өсүшүнө зор салым кошкон. Өзү да, чанда аял затында кездешчү кеңпейилдиги, ургаачы болсо да, чексиз айкөлдүтү, мээрмандыгы менен Алымбектин сүйүүсүно, сый-урматына арзыган. 30 жылга жакын бирге бактылуу омүр сүрүп, Абдылдабек, Маамытбек, Баатырбек, Асанбек, Оморбек, Камчыбек деген алты уул табышкан. Датканын балдары да ата-энесин тартып намыскөй болушкан жана элмнин эркиндиги, келечеги үчүн керт баштарын да аяшкан эмес.
        Турмуш өзү сыдыргыга салгандай түз кетпейт тура. Улуу уулу Абдылдабек чет жерге сүрүлүп, ошол тараптан «элмм, жерим» деп жүрүп каза табат. Ата-бабасынын туулган жеринен алыста жүрүп, куса болуп, санаа тартып ооруп, алдан -күчтөн тайып, өмүрүнүн акыркы ирмемдеринде өзү менен кан кечкен жолдош-жоролоруна Абдылдабек мындай деген экен:
        - Жан чыккан соң, көкүрөгүмдү жоо канжар менен жаргыла да жүрөгүмдү алгыла. . . Сөөгүмдү кара жердин койнуна бергиле, жүрөгүмдү аардуу ак кийизге ороп атып, ат тизгинин кайра тарткыла, насип буйруп, жети кылым жети атабыз мекен кылган жерге жетсеңер. . . гүл баскан дөңгө түшүп, чуңкур казып көмгүлө. . . Жүрөгүм жат жерде калбасын, жүрөгүм өз Мекемде жатсын. . . (Т. Касымбеков. Эки томдук тандалган чыгармалар. 1 том, Сынган кылыч. 648-6. Фрунзе, 1990-жыл) .
        Жандай көргөн жигити Акбалбан, жатындашы Баатырбек бир айдан ашык жол жүрүп, арып-ачып, нечен мыкты жигиттеринен айрылып, арандан зорго эл-жердин чегине жетип, Абдылдабектин жүрөгүн түбөлүккө жашырып, кыргыздын бир азамат уулунун жарык дүйнө менен коштошоор алдындагы акыркы өтүнүчүн аткарышкан экен.
        Берки уулдары орус бийликтери тарабынан күнөөлөнүп, камакка алынат. Камчыбек энесинин көз алдында даргага асылат. Мына ушулардын баарын Курманжан датка өтө улгайып калган курагында башынан өткөрөт. Эне катары ичи күйүп, өрт-жалын болуп, жүрөгү тилинип, боору эзилип турса да, душманга сыр алдырбай, өлүм алдында турган уулун намыскөйлүккө, эрктүүлүккө чакырат. «Ушул тапта Курманжан дар жакка ээгин көтөрө жүз буруп, кош бөйрөгүн мыжыга таянып, бүткөн бою калчылдап, кош айтканы болгондой үнсүз башын ийкеп, бирок оозунан бул оор касыреттен такыр башка кеп чыкты:
        - Уулум! Кайратыңдан жанба, уулум! Сал сыйыртмакты мойнуңа. Карызынды төлөрүң жокпу артында?! Калдайган калың тууганың турбайбы?! Сал сыйыртмакты мойнуңа. Өлүм алдында майышты дебейби?! Таба кылбайбы душманың?! — деди, ичтен өксөгөндөй үнү калтырап кетти».      (Т. Касымбеков. Келкел. 86-6. Фрунзе, 1986-ж. ).
        Адам пендеси көтөро алгыс мындай оор учурда Курманжан даткадан, Курманжан энеден башка эч бир жандын бул сөздөрдү айтканга кудурети жетмек эмес. Абдылдабектин ийгиликсиз болсо да кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн кылган иш аракети, нечен кылымдардан бери ата-бабабыз мекендеп келген касиеттүү жергебизди коргоодо сырттан келген күч-кубаттуу баскынчылар менен болгон тендешсиз күрөшү келечек муундардын ар-намысын козгоп, аларды патриоттук духта тарбиялоодо зор салым кошмокчу.
         «Аккан арыктан суу агат» дегендей Алымбек менен Курманжан датканын кийинки урпактарынан да мыкты адамдар чыккан. Алардын чөбүрөсү Адышов Муса Мырзапаязович илимге эбегейсиз эмгек синирип, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Президенттигине чейин кетөрүлгөн.
        Курманжан датканын түштүк жергесинде жашаган элдерге болгон кадыр-баркы император Николай II ге да угулат. Ал тарабынан орустун эң чыгаан зергер усталары жасаган бриллиант менен кооздолгон, көздүн жоосун алган, айымдардын алтын сааты белекке берилет. Ошондой эле Курманжан датка падышалык бийлик тарабынан полковник чинин алууга татыктуу болгон.
        Алай ханышасы Курманжан датка кылымга тете жашап, 1907 - жылы 1-февралда 97 жаш курагында дүйнедөн көчкөн.

    КУШЧУНУН БҮРГӨ БААТЫРЫ, САРУУНУН БЕРДИКЕ БААТЫРЫ, МУНДУЗДУН МАМЫР БААТЫРЫ ЖӨН⻒НДӨ                                                  (түзүмгө)

        Бүргө баатыр болжол менен 1760-жылдарда туулуп, 1830-жылдарда каза болгон. Ал атасы Итимден 8 жашында жетим калып, турмуштун кыйынчылыгын тартып, кичинесинен бышык өсөт. 15-16 жашынан эле эл оозуна алыньш, келечекте эли-журтун бага турган азамат уулдардын биринен болоору сезиле баштайт. Бирок атасы Итимдин бир тууганы Козубектин ал кезде атка минип, эл бийлеп калган уулу Кангелди бийге жакпайт. Көрө албастык менен аталаш иниси Бүргөнү жок шылтоо менен чычырканакка бөлөтүп сабаткан күндөрү болот. Кызыл-ала болуп таяк жеп, денесине чычырканак кирип жатса да бир «кыңк» этип койбой, агасына да катуу айтпай тим болот. Кичинчерээк Суусумырлыктар айдап кетип бараткан жылкыларын жолдоштору менен жолдон тозуп, кайрып кслгенде Кангелди бий аргасыздаы иниси Бүргөгө «Бактың ачылсын» дсп батасын берген экен. Мына ошондон баштап Бүргөнүн кадыр-баркы ого бетер өсө баштайт. Быягы Коконго, тыягы Кашкарга чейин аты угулуп, бара-бара ал жактагы хан ордодогу маанилүү саясий иштерге да кийлигише баштайт.
        Анын бул аракеттери, кыргыз элинин таламын талашып, көз карандысыздыгы үчүн болгон күрошү Кокон бийликтерине жаккан эмес. Алардын жиберген тыңчысы тарабынан уу берилип, ошондон каза тапкан деген маалымат бар.
        Бүргө баатыр дыйканчылыктын артыкчылыгын, элге пайдалуу жагын жакшы түшүнүп, кылымдар бою пайдаланбай ээн жаткан Меркенин талаасына арык каздырып, суу чыгарып, элдин жашоо-турмушуна, токчулугуна кам көргөн.
        Бүргө баатырдын Торутай, Сарытай, Калча, Төлө, Калыбай, Сатылган деген алты уулу болгон. Шербет деген кызы өтө акылдуу болгон экен. Анын ырлары, атасы өлгөндө айткан кошогу эл оозунда айтылып, бүгүнкү күнгө жетип олтурат.
        Баатырдын эстелиги Талас шаарында анын урпактары тарабынан орнотулган.
        Бердике Сырдыбай уулу саруу уруусунун Тубай уругунан чыккан баатыр.
        Туулган жана өлгөн жылдары белгисиз. XVIII кылымдын 30-70-жылдарында жашап өткөн. Калмактардын баскынчылыгынан сүрүлүп, түштүк тарапта тентип-тербип жүргөн саруу, кушчуларды бириктирген. Кыргыздын башка уруу башчылары менен биригип, Талас, Чүй, Ысык-Көлдөгү жайгашкан калмактарды сүрүп чыгарууда бир топ эрдиктерди көргөзгөн. Бердике баатыр көлдө үч жыл жашап, ал жерден үйлөнүп, кийин элине кайткан. Азыр Жети-Өгүздүн аймагында жашаган саруулар Бердике менен барып, ошол жерден орун-очок алып калгандардын тукумдары. Тынай бий уулу Атаке баатыр менен ысык мамиледе болгон. Өзүнүн уулу Жаныбектин кызы Анарды Атаке баатырдын уулу Карабекке бергенин жогоруда айтып өткөнбүз.
        Бердике баатыр түштүк тараптан кыргыз жерине кызыккан баскынчыларга да каршы күрөшүп келген. Алардын арам оюн алдын ала түшүнүп, кол курап барып, Анжиян шаарын басып алып, акиминин башын алдырып, вазиринин аялына үйлөнүп, бийликке жеткен деген санжырачылардын айткандары бар. Бирок анын бийлиги көпкө созулбаптыр. Анжыяндын айлана-тегерегиндеги отурукташкан кыргыздар менен биригишүү жана алардын колдоосуна жетишүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүргөн мезгилинде шаарда козголон чыгат. Бердике шаарга кайтып келгенде уюшкан козголончулар тарабынан уу берилет. Аны билип калып, жоо колуна түшпөс үчүн качып чыкканда, козголоңчулар артынан кууп жетип жарадар кылат. Анын сөөгү кандуу кармашта, бирге болгон жоро-жолдоштору тарабынан Баба-Атага жакын жерге коюлат.
        Бердике баатырдан Жарыке, Жабагы, Жаныбек, Тойчубек, Сатыбек деген беш уул төрөлөт. Алар аябай тың чыгып, эл четинде, жоо бетинде болуп, баатырлыкты көргөзгөндүгү үчүн «беш берен» деген атка конушкан.
        Мундуз уруусунан чыккан, 1873-1876-жылдары Кокон хандыгына каршы Түштүк кыргызстанда чоң көтөрүлүштү уюштуруп, ага жетекчиликти жүргүзгөн, элибиздин тарыхында көрүнүктүү орунду ээлеген, кыргыздын мыкты уулдарынын бири Мамыр Мерген уулу. Мамыр баатыр 1838-жылы азыркы Базар-Коргон районундагы Колот деген айылда Мерген деген оокаттуу эл арасына кадырлуу адамдын үйүндө төрөлгөн.
        Кокон бийлигинин түштүк кыргыздарына көрсөткөн кордугу эл ичиндеги акылдуу, бой келбети келишкен сулуу кыздарды ата-энесине ээ кылбай чыркыратып, ордого зордоп алып кетип турушу, алык-салыктын улам көбөйүп, карапайым калктын мүң-күрөшү, 35 жашка чыгып, акылы жетилип, күчү толуп турган Мамырдын намысы козголуп, мундуз, кушчу, багыш, басыз ж. б. уруулардын башын бириктирип, бийликке каршы болуп көрбөгөндөй зор көтөрүлүштү уюштурган.
        Көтөрүшчүлөр Ханабад жана Базар-Коргон кыштагын ээлешкен, түштүктүн көп аймактары көтөрүлүшчүлөрдү колдошкон жана аларга кошулушкан. Бирок мурда согуш өнөрүн өздөштүргөн билимдүү кол башчысы жок, начар куралданган карапайым калктын мыкты азамат жигиттерин жоготкон көптөгөн аракети, Мамырдын кылган мээнети, адилет иши текке кеткен. Нечен мезгилден бери түптөнүп калган, миндеген такшалган аскери бар Кокон хандыгы менен болгон тендешсиз согушта ойдогудай ийгиликке жетишүүгө эч мүмкүн эмес эле.
        Элдин эркиндик үчүн, адилеттик, тендик үчүн болгон көтөрүлүшү жеңилүүгө дуушар болот. Бийликтин запкысына чыдабай жүздөгөн, миндеген эл башын сакташ үчүн туш-тарапка чилдей тарайт. Алар ары сүрүлүп, бери сүрүлүп жүрүп, айрымдары Ысык-Көл аймагына, Чүйгө, Кеминге, Кочкорго туруп калышат. Ушул жерде айта кетчү өкүнүчтүү нерсе, тарыхка калган көтөрүлүшчүлөрдүн урпактары өздөрүнүн ата-бабаларынын кылган баатырлык иштерин, кандай себептер менен жер которуп келгенин жакшы билишпейт.
        Кудаяр хан Түркстан губернаторуна Мамырды тирүү кармап же кесилген башын берүү жөнүндө кайрылган экен. Орус бийликтери тарабынан Мамыр баатыр кармалып, кокон бийликтерине өткөрүлүп берилет. Мамыр өзү да чоң комузчулук жайы болсо керек, колго түшкөндө комузун колго алып, эли-журту менен коштошуп, уккан адамдын муун-жүүнүн бошоткон, өтө мундуу күү черткен экен. Ал күү эл арасында «Мамырдын күүсү» деп бүгүнкү күнгө чейин чертилип келет. Мамыр баатырдын өлүмү тууралуу ар кандай варианттар бар. Белек Солтоноевдин жазганына караганда баатыр 1881-жылы Анжиянда дарга тартылган.
        Мундуз уруусу жана андан чыккан Мамыр баатыр Мерген уулу жөнүндө кыргыз адабияты менен тарыхынын чоң күйөрманы, чарчап-чаалыкканды билбеген мээнеткеч, талыкпаган окумуштуу Омор Сооронов агабыз «Хандын кунуна татыган баатыр» деген көлөмдүү макаласында кененирээк жазгандыгына байла-ныштуу ушуну менен баяныбызды токтотууну эп көрдүк. (Ала-Тоо журналы, №9-10, 1991-жыл, 288—292-66. ).

    ОРМОН ХАН НИЯЗБЕК УУЛУ                                                  (түзүмгө)

        Мамлекеттик ишмер, баатыр кол башчы, чыгаан дипломат, улуу инсан Ормон Ниязбек уулунун элибиздин тарыхында өзгөчө орду бар. Дүйнөдөгү эки эн улуу держава: Чыгыштан Кытай, батыштан Орусия, алар аз келгенсип капталдан Кокон хандыгы, туурадан башкалары берекеси төгүлгөн кыргыз жсрине көз артып, кеңирсиген кенен Чүйгө, кереметтүү Ысык-Көлгө кызыгышып, ыгы келсе кыргыздарды тоо-ташка айдап салып, жерибизди басып алуунун аракетин кылып, эл башына зор кыйынчылык туулуп турган мезгилде Ормон Ниязбек уулу өзүнчө көз карандысыз кыргыз мамлекетин түзүүгө аракетин жүргүзгөн. 1842-жылы тыягы Ат-Башы, Нарындан, быягы кең Таластан, айтылуу Алайдан, Сары-өзөн Чүйдөн, кереметтүү Ысык-Көлдөн келген уруу башчылары катышкан чоң курултайда хан шайлоо маселеси көтөрүлгөн.
        Кыргыз элинин өсүп-өнүгүшүн көрө албаган, ата-бабабыздын кылымдардан бери келаткан каада-салтын урматтабаган, тарыхты бурмалагысы келген айрым ой-санаасы бузук адамдар ойлогондой эмес, шайлоо акыйкаттык менен өткөн. Мамлекет жөнүндөгү түшүнүгү, конституциясы, шайлоо жөнүндөгү мыйзамы жок уруу башчылары гана бийлик жүргүзгөн кат сабатсыз караңгы элде хан шайлоонун мындан башка жолу жок эле.
        Эл-журттун башына өтө акылдуу, өйдө-төмөн кыйынчылык менен кысталышта жол таап кеткен айлакер, согуш өнөрүнүн айла амалдарын, түркүн ыкмаларын башкалардан артыгыраак билген, кан төгүлгөн кармаштарда такшалган, нечен кыйынчылыктарды баштан кечирген, турмуштун ысык-суугуна бышкан, калайык-калктын башына күн түшүп турган мезгилде калтаарыбаган эр жүрөктүү, эрки темирдей күчтүү адамдын келиши учурдун өзгөчө талабы эле. Мындай сапаттар, касиеттер узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына аттын кашкасындай таанымал Ормон Ниязбек уулунда бар эле. Ал ошол кездеги кыргыздын уруу башчыларынан ушул касиеттери менен өзгөчө айырмаланып турган.
        Жоо жакадан, бөрү этектен алып турган кыйын кысталыш мезгилде өйдө-төмөндү, өткөн-кеткенди унутушуп, элдин эртеңки келечегин, калайык калктын камын көрүшүп, кыргыздын уруу башчылары ынтымакка келишип, бир добуштан Ормон Ниязбек уулун хан көтөрүшкөн. Хандык белгисин билдирген кызыл тукаба менен тышталган суусар тебетейди Ормон ханга кийгизишкен. Илгертеден бери келе жаткан хан көтөрүү аземин жасап, ак боз бээни түлөөгө, чалышкан. Кыргыздын уруу башчылары кара койду мууздап, колдорун канга малышып, чыбык кыркышып, кыргыз элинин эртеңки биримдиги, ынтымагы, бейкуттугу үчүн калайык калктын алдында ант беришкен.
        Ормон хан бийликке келээр менен эл нчиндеги тартипти чындоого, кылмыштуулукка, мал уурулукка каршы кыргыздын ата салттарын сактоо менен ошол мезгилге ылайык хандык жарлыктарды чыгарган. Дыйканчылыктын келечегин түүүнгөн жана аны менен кесип кылган адамдарды колдогон. Эл аралап, алардын арыз-муңун жеринен угуп, калыстык менен чечкен. Жер тырмап, оокат кылууга үндөгөн. Билимдүү адамдарды чет жактан алып келип, кыргыз элинин тарыхын, санжырасын жаздырып, кийинки муундарга калтырууга аракет кылган.
        Элибиздин билимсиз, караңгылыгына, өлкөнүн кубатсыздыгына, алсыздыгына катуу кейиген. Ошол кездеги өнүккөн мамлекеттер менен ынтымакка келип, алар менен тең ата алака түзүп, балдарды окутууга, өлкөнүн күч-кубатын чыңдоого, бейпилдикте жашоого далалат жасаган.
        1847-жылы Кенесары хан Чүй өрөөнүн басып киргенде колуна тийгендерди мыкаачылык жана ырайымсыздык менен өлтүртүп, Жангарач, Байтик баатырлардын ата-бабаларынын күмбөздөрүн талкалатып, мүрзөлөрүн ачтырып, сөөктөрүн талаага ыргыттырган.
        Курамында Орусиянын солдаттары менен кандуу кармаш-тарды башынан өткөргөн, согуш өнөрүн жакшы үйрөнгөн, Дасыккан, такшалган жана жакшы куралданган, «Жеңилбес» деп аталган Кенесары хандын 20 миң жоокерин талкалоодо, алардын ханын баш кылып белгилүү султандарын колго түшүрүүдө Ормон хан айлакердигин, амалкөйлүгүн, чечкиндүүлүгүн, табийхат берген чоң таланттуу стратег экендигин көрсөтүп, кыргыз жоокерлеринин тарыхый зор жеңишке жетишүүдө аларга колбашчылык кылган.
        Ормон хандын бийлигин таанууга, эгемендүүлүккө умтулган кыргыз эли менен эсептешүүгө чет мамлекеттер да аргасыз болушкан. Орусия бийлиги тарабынан Ормои ханга сый чапан, медаль берилген. Кокон хандыгы ордодогу бийликтеги экинчи адам катары «Парваначы» деген наамды ыйгарган. Бирок алар ачыктан ачык чыкпаса да тымызын тыңчыларды жиберип, түркүн жолдор, ар кандай айла амал менен болсо да Ормон хандын көзүн тазалап, элдин ынтымагын бузуп-жарып, бүлгүнгө учуратууга аракет кылышкан. Бөлүнгөн, чачылган, башсыз-көзсүз калган элди каалагандай башкара ала турганын жакшы түшүнүшкөн мансапка жетпей калган ошол кездеги айрым уруу башчылары да Ормон хандын улам өсүп бараткан атак-даңкына, ийгиликтерине, чанда гана адамдарда кездешчү өзгөчө касиетине ичи ачышып, көрө албастык кылышкан. Мекендин, элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору коюшуп, бири казактарга ыктаса, экинчиси Орусияга көкүрөк ачып, айрымдары Коконду көздөп, жаңыдан телчигип келаткан жаш мамлекеттин биримдүүлүгүнүн ыдырашына салым кошушкан. Алар Ормондун элди бириктирүүгө, кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүгө жасаган аракеттерине, жакшы жөрөлгөлөрүнө тымызын бут тосушкан. Кийинки муундарга чейин жаман аттуу кылыш үчүн ар кандай ушак-айыңдарды таратышкан, манасчыларды, акындарды, ырчыларды жалдап, эл арасына жарыя айттырышкан. Бүтүндөй эл-журттун ынтымагын ыдыратып, биримдигин бузуп, урушса, талашса да ата-бабаларынын арбагын сыйлап, бири-бирин кыйып кете албаган түбү бир, бир атанын балдарын бири-бирине тукуруп, жоо кылып, адамгерчиликке жатпаган ишти жасашкан.
        Атак-данкты, бийликти, бийик мансапты көксөгөн ичи тар, бузуку, журтбезер, элден чыккан «көзкамандар» душмандын тилине кирип, эл-журттун алдында чыбык кыркышкан анты-шертти бузушуп, «өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман» дегендей устаранын мизиндей ойкуп-кайкып турган, кыйын кезең заманда акыры Ормон ханды мерт кылышкан. Чет жактагылар Ормондун көзү өткөндөн көп өтпөй кыргыз жерине ээлик кылуу үчүн, кыргыздарды бул жерден сүрүп чыгуу үчүн акырындык менен көчүп келе башташкан. Аларга такоор кылып, каршылык көрсөтүп, эл-жерди коргогонго даап бирөө чыкпады. Акыры келгиндердин арам ою ачыкка чыкты. Мунун далили 1916-жылы болуп өткөн кандуу окуя. Бул каргашалуу окуя өзүнчө узак сөз кылууга арзыйт.
         Өткөн кылымда 70 жылдан ашык убакыт бою кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан каада, салтын, башынан өткөн тарыхын жок кылууга жана элибиздин биримдигин, ынтымагын сактоо, көз карандысыздыгы, келечеги үчүн күрөшкөн уулдарын бай, манап, эзүүчүтаптын өкүлү катары эсептеп, аларды элге жек көргөзүүгө кылган аракеттер жакшы белгилүү. Ормон хан жөнүндө да өз учурунда ушундай иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Анын эмгеги калыстык менен бааланбай, кыргыз элине кылган кызматы тескери бурмаланып келген.
        Мезгилинде Ормон хан жөнүндө чындыкты жазган адамдарды, окумуштууларды, тарыхчыларды куугунтуктап, Илимдер Академиясындагы алардын сакталган эмгектерин атайылап жок кылышкан. Бул түркөйлүктүн, караңгылыктын, эпсиз ичи тардыктан, көрө албастыктын жеткен чеги болуп саналат. Мына ошондой пас, «манкурт» адамдардын элибиздин тарыхына кайдыгерлик жана көңүлкоштук менен жасаган мамилесинин кесепетинен келечек муундардын алдында күнөөлүү болууга тийиш эмеспис. «Улуу элдин улуулугу, башкалардын өзгөчөлүгү, ал өзүнүн кичинекей тарыхын адамзат коомуна улуу кылып көрсөтөт. Ал эми кичине улуттун шору ушунда, улуу нерсесин өз даражасына жеткире баалай албаганында» — деп улуу ойчулдар бекеринен таамай айтышпаптыр. Ошондуктан болгон чындыкты калыбын өзгөртпөй калайык калктын калың катмарына адилеттүүлүк менен жеткирүү максатында аракет кылып олтурабыз. Ошондой эле кыргыз элинин тагдыры, келечеги түйшөлткөн урматтуу окурмандарыбызды бул жакшы жөрөлгө кайдигер калтырбайт жана өздөрүнүн ой-пикирин билдирет деген ойдобуз. Колунуздардагы китеп жеке Ормон хандын тарыхы эмес, бул нечен кылымдардан бери жашап келаткан түптүү, уюткулуу кыргыз элинин башынан өткөргөн тарыхынын бир кичинекей учкуну.
        Ормон хандын кыргыз элине өтөгөн кызматы, жасаган эмгеги эл-жерди, Ата мекенди коргоодо кийинки келечек муундар үчүн үлгү болуп калмакчы.

    КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ                                                  (түзүмгө)

    Ата-теги жана урпактары                                                  (түзүмгө)

        Калыгул Бай уулу 1785-жылы азыркы Ысыккөл районундагы Кара-Ой деген жерде сарыбагыш уруусунан чыккан, насили манап Дөөлөткул деген адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Калыгулдун оң жаагында калы болгондуктан ата-энеси ырымдап, Калыгул деп ат койсо керек.     Кийин эл арасында айтылып жүргөн «Кара жаак ырчы, кара жаак акын» деп, Калыгулдай сөзмөр, мыкты, чыгаан акындарга карата айтылып калыптыр.
        Илгертен эле кыргыздар бири-бири менен учурашканда, адегенде мал-жанын, ал-жайын андан соң ата-тегин сурашчу тура. Кылымдар бою келе жаткан бул салттын да жакшы жактары болсо керек. Сурай-сурай келсе бардык кыргыз бир тууган болуп чыгып, бири-бирине болгон бир туугандык сезим пайда болуп, бирин бири сыйлоо, урматтоо өнүгөт тура. Ошондуктан эреже болуп калган эски салтты улап, Калыгул атабыздын ата-тегин айта кетсек, урматтуу окурмандарыбыз туура кабыл алат ко деген ойдобуз.
        Калыгул даанышмандын түпкү ата-теги Тагай бийден таралып,кыргыз элинин куралышына, чыңдалышына азбы-көппү салым кошушкан адамдардан болушкан. Анын чоң атасы Сарыбагыш уруусунан чыккан атактуу Үчүкө баатыр. Андан Мааматкул, Дөөлөткул деген эки уул. Дөөлөткулдун төрт уулу болгон экен: Карамурат, Надырбек, Бай, Аалы.
        Байдан беш бала: Медет, Бердиш,Бердике, Калыгул, Жигитек.
        Калыгул атабыздын Ногой, Шыгай, Күнтууган деген үч уулу болуптур. Күнтуугандан Кененсары, Акидей, Семетей. Кененсарыдан-Усубалы.
        Бай уулунун тукумдары негизинен Кочкор районундагы Теңдик деген айылда, Бишкек шаарында жашашат.

    Калыгул даанышман                                                  (түзүмгө)

        Калыгул Ормон хандын акылман-кеңешчиси болгон. Ормондун көз карандысыз кыргыз мамлекетин түзүүгө жасаган аракетин колдогон, өлкөнүн күч-кубатын, коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, медреселерди ачып, балдарды окутууга, уруулардын жана кошуна мамлекеттердин ортосундагы ынтымакты чыңдоого өз салымын кошкон.
        1842-жылы Алайдан Алымбек датка, Таластан Ажыбек датка, Чүйдөн Жангарач, Жантай, Бугудан Боронбай, Балбай, Атбашыдан Ажыбек баатыр баш болгон кыргыздын билермандары, уруу башчылары чогулуп, азыркы Ортотокой суу сактагычы жайгашкан жерде өткөрүлгөн чоң курултайда Ормон Ниязбек уулун хан көтөрүшөт. Ошондо Калыгул бабабыз мындай деп бата берген экен:
         «Журт башындагы ханыбыз
        Ак жолтой, акылдуу болсун.
        Ар ишти адилеттүүлүк менен карап,
        Элибизге ынтымак, ырыс консун.
         Өзү кара кылды как жарган,
        Ар дайым калыс болуп,
        Журтубузга адилет хан болсун.
        Ата-бабанын арбагы колдоп,
        Көрө албастын тилеги соолсун.
        Манас атанын арбагы колдоп,
        Алды-арты кенен болсун,
         Өмүрү узун болсун.
        Кыргыздын кыйрысы толуп,
        Ынтымактуу, ырыстуу эл болсун,-деп колун жайганда курултайга келген эл дуулдашып, кошо бата кылышкан экен.
         («Акылман Калыгул», Бишкек, Шам басмасы,2000-жыл,130-б)
        Ары жагы Орусия, түндүк жагынан Кенесары хан, түштүктөн Кокон хандыгы, чыгышынан кытай мамлекети кыргыздын керемет кооз жерине көз салып, ага кантип ээ болуп калардын жолун издешип, нечен мыкты деген билермандары баштарын оорутуп турган чалкеш заманда, жаңыдан хандык күтүп,кыргыздын ар кошкон уруулары эми гана «Бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып», биригүүгө баш койгон учурда, Калыгул акылман Ормон хандын оң колу-акыл кеңешчиси болуп, ага кеп кеңештерин айтып, бузукулардын тили менен өз ара ынтымагы кетип турган урууларды ынтымакка келтирүүдө чоң салым кошкон.
        Албетте көп кылымдар бою уруулар биригишпей, өз алдынча кетип, айрым учурларда башка улуттардын, мамлекеттердин карамагына өтүп, тепсендисинде калып, өзүнчө хандык күтпөй, бытыранды болгон бүткүл кыргызды бир муштумга бириктирип, өзүнчө көз карандысыз эркин мамлекет түзгөн адам чыкпагандыктан, жаңы түптөлө турган мамлекетти башкаруу оңойго турбасы белгилүү.
        Ошентип, жаңыдан түптөлүп келаткан жаш мамлекеттин туштугуна жараша мыйзамдары кабыл алынат, өлкөнү коргоо боюнча айрым аракеттер көрүлө баштайт,кошуна мамлекеттер менен алыш-бериш иштери жүргүзүлүү менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоого аракеттер көрүлөт. Башка өлкөлөрдөн билимдүү адамдарды алып келип, балдарга билим бериле баштайт.
        Натыйжада 1947-жылы Ормон хан жетектеген кыргыз жоокерлери Кенесарынын баскынчылык менен жергебизге кирип келген 20 миң колун талкалайт. Кенесары ханды, иниси Норузбай баш болгон султандарын колго түшүрүп, жок кылышат.
        Андан көп өтпөй, күзгө жуук Мусулманкул аталык баштаган Кокондон келген беш миң аскерге каршылык көрсөтүп, кайта артка кайтууга мажбур кылат. Ошентип кыргыз жери эки жолу каптап кирген күчтүү жоодон сакталып калат.
        Ормон хандын тушунда Кокондун түндүк кыргыздарга тийешелүү жерлерге курулган чептери талкаланып, алардын чепке коюлган бектери, сарбаздары кубаланып, эл оор алык- салыктан кутулат.
        Эгерде Ормон хан өзүнүн жана уруу башчыларынын демилгеси менен кыргыз урууларын бириктирип, өзүнчө көз каранды эмес мамлекет түзбөсө,коргонуу күч-кубатын чыңдап,элди-жерди тыш душмандардан сактап калбаса, кыргыз элинин тагдыры кандай күнгө туш болмогун окурман өзү калыстык менен баамдар.
        Ормон хан каза болгонго чейин Орусиянын, кытайдын жашыруун тыңчылары ачык,даап кире алган эмес. Айрым Файзулла Ногоевге окшогон тыңчылар соодагер кейпин кийип,өздөрүнүн кожоюндары тарабынан берилген бир аз белек-бечкек менен айрым уруу башчыларын алдап, алардын ишенимине ээ болуп,өздөрүнүн тегерегине бузукуларды, ичи тар, көрө албастарды жыйнап,уруулардын ортосундагы ынтымакты кетирип, кыргыз элинин биримдигин бузууга көп аракеттерди жасаган. Алардын мындай душмандык аракетин дүнүйө-мүлктү, мансапты жакшы көргөн, өз элинин кызыкчылыгынан жеке керт башынын кызыкчылыгын жогору көргөн, кыргыздын өз ичинен чыккан «душмандары» колдогон. Ошентип жаңыдан гана биригип, баш көтөрүп, тороло элек кыргыз мамлекети кыйроого учураган. Ал эми Ормон хандын көзү өткөндөн кийинки эле жылы Орусиянын экспедициялары келечекте түпкүлүктүү улутту башка жактарга сүрүп, берекелүү жерин ээлеп калуу максатында кыргыз жергесине келе баштаганы баарыбызга белгилүү.
        «Тоо токол болор,
        Талаа токой болор.
        Токол байбиче болор,
        Уй пул болор,
        Кул бий болор.
        Тегиз жерге тегирмен жүрөр,
        Тексиз жерден бий чыгар.
        Кызыл кызыл кыялар
        Кыргый талга уялар.
        Такыясын колго алып,
        Кыз жигитти кубалар.
        Карыядан каада кетер,
        Уулдан урмат кетер.
        Кыздан кылык кетер.
        Атанын тилин уул албас,
        Аганын тилин ини албас.
        Сааганың сары бээ болор,
        Ичкениң сары суу болор.
        Өңү сары, көзү көк,
        Орус деген эл келер,
        Арканга өлчөп жер бөлөр»-деп, Калыгул ата айткандай Орусия бийлигине өткөндөн кийин баягы заман өзгөрдү. Калыгул акылмандын алдын ала айткандары келе баштады.
        Калыгул атайы бий болуп шайланбаса да, өзүнүн кара кылды как жарган калыстыгы менен эл-журттун сый-урматына татып, уруулардын, адамдардын арасында аркандай чырлар, түйүндүү маселелер болсо ага кайрылып турушкан. Алардын кайрылуусун, мүдөөсүн алыс-жакын дебей, эки тарапты тең нааразы кылбай, калыстык менен чечип берчү экен.
        Калыгул атабыз өзү туулуп, өскөн Ысыккөлдү өтө урматтап, сыйлап, анын табият тартуулаган ченемсиз байлыгын, чексиз келечегин алдын ала билип, ошого байланыштуу төмөндөгү ыр саптарын өсүп келе жаткан муундарга арнаган тура.
         «Күңгөйдөн агат миң булак,
        Тескейден агат миң булак,
        Аягынан агып чыкпайт бир кулак!
        Тегереги туюк,
        Төбөсү бийик.
        Суу сайын нарын табак эти бар,
        Ысыккөл бейиштин бир эшигидир!
        Кыш болуп кашкая суугу жок,
        Жай болуп катыра ысыгы жок.
        Ат жеткен жерде
        Мындан артык кызыгы жок
        Мактанып жер жетерби?!
        Адам мындан кетерби?
        Ысыккөлдөн чыкпагыла, балдар!
        - деп, ушул бир нече сап ыр менен өзү туулуп, өскөн кереметтүү Ысыккөлдүн өзгөчө касиетин, анын байлыгын сүрөттөп, анын келечегинин кеңдигин алдын ала баамдап, ушул көл жээгинде түбөлүк жашап, сактоо керектигин айткан экен.
        Антип айтканынын да жүйөлүү себеби болуптур. Анткени, ошол учурдагы оор жагдайга байланыштуу көл жээгинде жашаган кыргыздар кытайдын Текесине, Кашкарына, Чүйдө жашагандары Коконду беттеп, кылымдар бою ата-бабасы жашап келген жерди томсортуп, бөтөн бирөөлөргө тыштап кетүүгө бет буруп турган учуру экен.
        Калыгул атабыздын бул кичинекей ырынын маани-маңызы бүгүнкү күндө мурдагыдан да артып, кыргыз бермети болгон касиеттүү Ысыккөлдү сактоодо, анын табият берген баа жеткис байлыгын жалпы калайык калктын кызыкчылыгына жумшоодо ар бир кыргыз атуулуна зор жопкерчиликти, чоң милдетти жүктөп отурат.

    Калыгул олуя                                                  (түзүмгө)

        Калыгул атанын сынчылыгы, келечектеги боло турган нерсени алдын ала билген олуялыгы жөнүндө санжырачылар төмөндөгү окуяны көбүрөөк айтышат.
        Ормон хан, Төрөгелди, Калыгул аталар болуп жол жүрүп келатышып, аркы-беркини, өткөн-кеткенди сүйлөшүп, сөздөн-сөз чыгып отуруп, бир кезде Ормон хан Калыгулга кайрылат.
        -Калаке, сизди олуя, сынчы дейбиз. Болоор ишти алдын ала айткан көсөм дейбиз. Келечекте биздин тукумдардан мыкты чыкчулар болоор бекен?-деген экен.
        Калыгул ата тигилердин келечектеги тукумдары жөнүндө өзүнүн билишинче айтып берет. Ошондо Ормон хан:
        -А өзүңүздүн тукумуңуз кандай болоор экен?-дептир кызыга.
        Менден экөө жанаша чыкпайт, бирөөө үзүлбөйт-деген экен олуя атабыз.
        Ошентип жол жүрүп келатышып, азыркы Балыкчы шаары турган жерге келишкенде:
        -Бечара менен карыпка
        Береке берчү жер экен,
        Кара ташы алтынга
        Айланып кетчү жер экен.
        Андан -мындан чогулуп,
        Көбөйүп кетчү эл экен.
        Ар уруктан чогулуп
        Ынтымакта жашаар бекен?
        -деп, бул жерде келечекте эл чогулуп, шаар курулуп, берекелүү жер болоорун алдын ала сезип, ар жактан чогулган элдин ынтымактуу жашап кетүүсүнө сарысанаа чегип, түпөйүл болуп,ошол элдин өнүгүп-өсүп кетүүсүн чын дилинен каалаган экен. Чындыгында көп жылдан кийин ошол ээн жаткан, эч нерсе өспөгөн таштак жерге шаар салынып, Көлдөн, Нарындан, Чүйдөн жаңы үйлөнгөн жаш үй-бүлөлөр, жалгыз-жарымдар, жарды-жармачтар көчүп келишип, отурукташып, үй-жай күтүп, ирденип,байлык күтүп, жашоо-турмуш өткөрүп жатканын өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз.

    Калыгул кыргыз акындарынын атасы                                                  (түзүмгө)

        Бирок, Калыгул Бай уулунун ырлары биринчи жолу 1922-жылы фольклорист Каюм Мифтаков тарабынан жазылып алынган экен. Кийинчерээк окуу китептерине чыга баштаган.
        Бирок, Калыгул Бай уулуна 20-кылымдын экинчи жарымы ченде, ошол кездеги бийликтин күчү менен кара көө жабылып, реакциячыл акын деген атка конуп, узак жылдар бою анын ырлары айтылбай, басма сөзгө чыкпай, аны изилдеген окумуштуулар да күнөөгө тартылып келген. Натыйжада мезгил өткөн сайын эл оозунда сакталып келген Калыгулдун асыл ойлорго бөлөнгөн мыкты ырлары жоголуп, элдин эсинен кетип, анын ырларын билген санжырачылар карып-арып, айрымдарынын көзү өтүп кеткен. Анын ырларын чогултууга, колдо болгон ырларына убагында тийешелүү баа берүүгө мүмкүн болбогондуктан, кыргыз илими азбы-көппү мүчүлүштүккө учурап, бул маселени даап көтөрүп чыгууга мүмкүн болгон эмес.
        Калыгул даанышман адам болгондуктан башка акындардай болуп комузун колуна алып, аш-тойлорго барып, эл алдына чыгып ырдаган эмес, башка акындар менен айтышпаган. Ал тектүү жердин тукуму болгондуктан, ал кездеги Калыгулдай даражага жеткен адамдар комуз кармап, ыр ырдаган уят иш болуп эсептелинген. Ал эл-журттун алдында, эл башкарган билермандардын арасында өтө чоң абройлуу болгондуктан өзүнүн маңыздуу ырларын меселдетип, сөздөрүн жорго, накыл сөздөр менен куюлуштуруп, акыл-насаат катары сүйлөп берген. Зор чечен адам болгон. Санжырачылардын айтымына караганда Калыгул бабабыз сүйлөгөн сөзүн жыйынтыктагандан кийин «ушундай эмеспи!»- деп, эки ийинин алмак-салмак карап койчу эле дейт.
        Анын сөзү угумдуу, таасирлүү болгон жана натыйжада калыбынан бузулбай, касиетинен жазбай бүгүнкү күнгө жетип олтурат.
        Калыгулдун мурастары өтө аз. Анын үстүнө белгилүү себептер менен далайы унутулуп, жоголуп, андан сырткары өз учурунда кагазга түшүп калбаган соң, элдин эсинен чыгып кеткен да болуш керек. Айрым сөздөрү элдин терең катмарына сиңип, макал,лакап, накыл сөздөргө, элдин бай казынасына айланып кеткен.
        Бирок аз болсо да маани-маңызы терең «Акыр заман» ырлары арадан нечен мезгил өтсө да, элдин жүрөгүндө сакталып, андан кийин чыккан акындарга да өзгөчө таасирин, таалимин тийгизип, алар да өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө, дареметине, ой-чабытына, билим деңгээлине жараша анын оюн, идеаларын улантышкан. Ал баштаган теманы өркүндөтүп, өстүрүп келишкен. Анын ырларынын нугунда жакшынакай чыгармаларды жаратышкан.
         «Калыгул акын кыргыз акындарынын атасы эсептелет. Андан мурда эл-журтка маалим ырлары сакталган биринчи кыргыз акынын уга албадык»-деп, Калыгулдун зор талантын баалап, урматтап, акыйкаттык менен айткан атактуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун калыстык сөзүн жанында көп жылы жүргөн, анын өз оозунан дүйнөдө теңдешсиз «Манас» эпосун жазып алган манасчы, фольклорист Ыбырай Абдырахман уулу жазып, ТАИнин фондусуна тапшырыптыр.
         Ошондой эле Калыгул Бай уулунун айрым ырларын фольклорист Каюм Мифтаков манасчы Сагымбай Орозбаковдан жазып алып, 1925-жылы чыккан «Чоңдор үчүн алиппээ» деген китепке киргизген экен.
         Калыгулдун ырлары жыйнак болуп жарык көргөн. Анын чыгармачылыгы жөнүндө макалалар жазылып, өзүнчө китеп болуп чыккан.
        Эми ал кишинин ырларына бир аз кайрылалы.
        Арык койдун терисин,
        Алты ашатсаң ий болбойт.
        Атадан жаман туулганды,
        Ак кийизге салдырып,
        Көтөргөн менен бий болбойт.
            * * *
        Аккула аттар кимде жок,
        Жүгүрбөсө тайча жок.
        Ага- тууган кимде жок,
        Сыйлашпаса жатча жок.
             * *
        Аргымак аттын жакшысы,
        Азыраак оттоп, көп жуушайт.
        Азамат эрдин жакшысы,
        Азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
             * * *
        Жакшы болгон баланын,
        Атасы жаман болсо да,
        Төрдө отуруп сый табар.
        Жаман болгон баланын,
        Атасы жакшы болсо да,
        Төө үстүнөн ит кабар.
             * * *
        Ат качаган болгон соң,
        Аштан-тойдон калган соң,
        Күлүктүгү не пайда.
        Алганың сулуу болгон соң,
        Аркырап беттен алган соң,
        Сулуулугу не пайда.
              * * *
        Жакшы менен дос болсоң,
         Өлгүчөктү кушташат.
        Жаман менен дос болсоң,
         «Баягымды бергин» деп,
        Эки айдан кийин мушташат.
             * * *
        Уста мене дос болсоң,
        Нар кескенин аларсың.
        Ууру менен дос болсоң,
        Бир балээге каларсың.
              * * *
        Жакшы болсо катының,
        Табыла берет акылың,
        Куусаң да кетпейт жакының.
        Жаман болсо катының,
        Кете берет акылың,
        Чакырсаң келбейт жакының.
             * * *
        Эңкейгенге эңкейгин,
        Башың жерге тийгенче,
        Ал атаңдан калган кул эмес.
        Какайганга какайгын,
        Башың көккө жеткенче,
        Ал пайгамбардын уулу эмес.
        Жогоруда Калыгул атабыздын эл оозунда айтылып жүргөн айрым гана ырлары берилди. Окурман өзү таразалап көрүп, маани маңызын байкап, акындык дареметин баалап алаар деген ойдобуз.

    Калыгул атанын эстелиги                                                  (түзүмгө)

        Калыгул Бай уулу 1855-жылы Ысыккөлдүн күңгөйүндөгү эки Аксуунун ортосунда каза болуп, сөөгү өзүнүн керээзи боюнча азыркы Чолпоната шаарына жакын жердеги Кара-Ой деген жерге коюлган. Ушул убакка чейин анын арбагын сыйлап, ары- өткөн бери өткөн жолоочулар, эс алуучулар анын бейит-мазары турган жерге барып, куран окутуп кетип турушат дейт.
         Ал киши каза болгондо кара кылды как жарган калыстыгын, адамдык бийик сапатын, кереметтүү нуска сөздөрүн, келечекти алдын ала көрө билген чанда гана адамдын пешенесине жазыла турган өзгөчө олуялык касиетин урматтап- сыйлап, кыргыздын ат жеткен жердин баарынан келген калайык калк көлдөн көрүстөнгө чейин каз-катар тура калышып, жаш жигиттер көлдүн түбүндөгү чопо-ылайды колдон колго узатышып, бир эле күндө бейит-мазарды курушкан экен.
        Кийин даанышман олуянын урпактары, неберелери, укум-тукумдары ошол эски бейиттин жанына сур граниттен жаңы эстелик салдырышкан.
         «Жакшы болсоң жердей бол,
        Баарын чыдап көтөргөн.
        Таза болсоң суудай бол,
        Баарын жууп кетирген.
        Ырыс алды ынтымак,
        Ынтымагың жок болсо,
        Алдыңан таяр алтын так»
        - деген ж. б. нускалуу сөздөрү эстеликтеги граниттин беттерине чегилип жазылган.
        1999-жылдын октябрь айында Калыгул Бай уулунун эстелик күмбөзүн ачуу аземи болгон. Буга ошол кездеги республиканын жетекчилери, эл депутаттары, министрлер, губернаторлор, акимдер, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, бүт Кыргызстандын жети дубанынын өкүлдөрү катышышкан.
        («Кыргыз Туусу», № 171-172, 2-4-ноябрь 1999-ж.).

        Калыгул атабыз:
         «Бул дүйнөдөн аккан суудай,
        Төгүлгөн кумдай бардыгы өтөт.
        Жараткандан үчөө гана өлбөйт,
        Калдайган кара жер өлбөйт,
        Аскасы бийик зоо өлбөйт,
        Агыны катуу суу өлбөйт,
        -деп өзгөчө таамай айткан экен.
        Кийинки муундар:
         «Калыгул олуядай сөз пайгамбарларынан калган касиеттүү сөз өлбөйт»-деп, даанышман сөздөрү менен кылымдардан кылымдарга жашагыдай өзүнө түбөлүктүү эстеликти орнотуп койгон Калыгул олуянын дарегине акыйкат, калыс пикирлерин айтып калышты.
    Бишкек шаары.
    27. 04. 2006-жыл.
    .
    КЫДЫР АКЕ БАЯНЫ                                                  (түзүмгө)

        Кыргыз элинен нечен даанышмандар, чечендер, акылман адамдар өткөн экен. Ошондой улуу инсандардын бири Кыдыр аке Байсары уулу. «Аке» деген наам көл өрөөнүндөгү алты гана адамга: Доскулу уулу Сарт аке (1775-1865-ж. ж.), Алдаяр уулу Мойут аке (1745-1840 ж. ж.), Жылкыайдар уулу Тилекмат аке (1800-1863 ж. ж.), Кожоярдан Садыр аке (1821-1905), Чурумдан Карач аке жана Арыктан Кыдыр акеге берилген. өз мезгилиндеги бул улуу адамдар айыл ичиндеги,уруулардын ортосундагы түйүндүү чоң чыр чатактарды акыйкаттык менен чечишип, алардын ортосундагы ынтымакты сактоого аракет кылышкан. Эл- журтту калыстык менен башкарууда уруу башчыларынын жакын акыл-кеңешчиси болушкан. Келечек муундардын эртеңки тагдыры үчүн дайыма ой жүгүртүп, санаа чегишкен. Бүткүл күч аракеттерин, акылын, турмуштук бай тажрыйбасын эл үчүн кызмат кылууга жумшашкан.
        Кыдыр аке сынчылыгы, калыстыгы, көзү ачыктыгы, олуячылыгы, комузчулугу, мүнүшкөрлүгү, батакөйлүгү менен айырмаланып турчу экен.
        Кыдыр аке Байсары уулу 1843-жылы Сырттын Эңгилчек өрөөнүндөгү Дүңгүрөмөнүн «Байыш» конушундагы «Жарбулак» деген жерде төрөлгөн экен.
        Анын чоң атасы Олжобай Түлөберди уулу да мезгилинде эл-журт бийлеп, бий атагын алган адам болгон. Олжобайдын, бир аялынан Байсаба, Токсаба деген эки уул төрөлгөн. Кийин Олжобай улгайып калган мезгилинде ага- туугандарын чакырып, эки уулуна энчи бөлүп бермек болот.
        Ошондо Байсары:
        -Токсоба эл аралап, журт аралап жүрөт. Келим-кетимдүү болуп калды. Алыш-бериш кылганга, келим-кетимге да мал керек. Менин көчүп конгонума эле бир аз күч унаа,союп жегидей майда жандык берсеңер болду деп, энчиге бөлүнгөн көп малдан баш тартат. Эл да Байсарынын айкөлдүк менен айтканын эп көрүшөт. Байсары жаш кезинен мергенчиликке шыктуу экен, ошол кесиптин кызыгына батып, Сыртка көчүп кетет. Ал жактан капкан салып, кийик атып, кундуз, илбирс кармап, аларды Кытай тарапка соодалап, өзү эле жетиштүү мал күтүп, байып кетет.
        Байсарыдан Кыдыр төрөлөт. Токсабанын жалгыз баласы Миңжылкы кырсык болуп,жаш кезинен каза болуп калгандан кийин Кыдырды багып алат. Ал он төрт, он беш жашка келгенде, өзүнөн бир аз жаш улуу болгондугуна карабай, эски салт боюнча мурда куда түшүп койгон Тилекмат акенин кызы Маакеге нике кыйышат. Кыдыр он жетиге келгенде тун уулу төрөлүп, атын Төгөчү коет.
        Кыдырдын жөндөмү бала кезинен эле билине баштайт. Токсобанын колунда чоңойгонуна байланыштуу, эл бийлеген, журт бийлеген жакшыларды көрүп, алардан тарбия- таалим алып чоңоет. өзү да жердиги оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн, бирөөнүн айтканын уга билген, бирөөгө жаман айтпаган, айтканы кайтпаган касиеттүү адам болгон экен.
        Эл башкарып жүргөн ата-бабаларынын жолун жолдоп, жаш кезинен эле арык тукумуна болуш болуп шайланат. (18 жашта болуш болуп шайланган деген маалымат чындыкка туура келбесе керек. М. Б.) Бир нече жолу болуш болуп шайланып, 18 жыл эл бийлейт. Калыстыгы, акылмандыгы,элге кайрымдуулугу, калайык-калкка көрсөткөн ак кызматы менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, купулуна толуп, «Кыдыр аке» деген атка конот.
        Санжырачылардын айтканына караганда Кыдыр акенин колдогону эки жолборс болуптур. Кыдыр аке дайыма алдыда боло турган нерселерди алдын ала билип, жаман көз караш менен карагандардын аягы жакшы болбогондугун айта калып жүрүшөт.
        1913-жылы Романовдордун тукумдарынын Орусиянын бийлик башына келишине байланыштуу Петербургда чоң салтанат өткөрүлмөкчү болот. Бул салтанатка Кыдыр аке да чакырылат. Ага чейин оездун башчысы Каракол уездине караштуу билермандарды, эл ичиндеги мыктыларды, болуштарды чакырып, падышага мурда болуп көрбөгөндөй жакшы белек камдоо керектигин айтат. Ал белек, өзгөчө белек-тирүү жолборс болуп чыгат. Ал жерге чогулгандардын айласы алты кетип, оездун оңой менен орундалбас ишти тапшырганына ичтеринен нааразы болуп, эгер ал тапшырма аткарылбаса оез тарабынан аеосуз жазага тартылаарын түшүнүшүп, шаабайлары сууп айылдарына кайтышат.
        Ал убакта Орусиядан келгиндер келип калганына бир топ убакыт болуп, эл арасында мылтык кармагандар пайда болгону, кечээ эле токой жээгиндеги камыштын арасындагы жүргөн жолборс да жер которуп, Каракол оезунун аймагында жолборс мекендебей калганына көп болуптур.
        Кыдыр аке да айылына келип, сакалдуу-көкүлдүүлөрдү чакырып,кеңеш курат. Акырында бул жооптуу, ары опурталдуу иш 80-ден ашып, 90 жашка таяп калган Кончой деген мергендин гана колунан келээрин угат. Кыдыр аке өзү баш болуп, бир топ жигиттери, мергендери менен барып, Кончой мергенди сыркоолоп төшөктө жаткан жеринен тургузуп, далай түйшүк тартып, жол азабын көрүп жүрүшүп, акыры Текестин башынан бир топ күндөн кийин жолборстун баласын кармап келишип, оездун колуна тапшырышат.
        Ошентип, Кыдыр аке Романовдордун 300 жылдык тоюна катышып,падышага мурда болуп көрбөгөндөй өзгөчө белекти-жолборстун баласын тапшырып, Орусия бийликтери тарабынан сый- урмат көрүп кайткан экен.
        Эл башына күн түшүп, туулуп-өскөн жерден безип, ата-бабалары тааныбаган, көрбөгөн жерге, Кытай тарапка үркө баштаган мезгилде Кыдыр аке Орусиянын жергиликтүү бийликтери менен тил табышып, керектүү учурда тең ата катары мамиле жасап, көптөгөн адамдарды кыргындан, үркүндөн сактап калган. Алда кандай шартка туш келип, «Кыдыр акенинен элиненбиз, Кыдыр акенин айылынан болобуз» дегенде падышанын жиберген желдеттери да тийбей, тим болушчу экен. Кыдыр акенин касиети.
        Санжырачылардын айтканына караганда, күндөрдүн биринде кечке жуук Байсарынын үйүнө аксакалдуу бир карыя келип түшөт. Мурда бул адамды көрүшбөсө, таанышпаса да эки жаш болгон сыйын көрсөтүшөт.
        Бир кезде карыя Байсарыга карап:
        -Балам, келинчегиңдин боюнда бар экен. Буюрса эркек төрөйт. Атын Кыдыр койгула- дейт.
        Жатаар мезгил болуп, конокко төшөк салып беришет. Эртең менен турушса конок жок. Эшиктин илгичи ичинен илинген боюнча турат. Салып берген төшөгүн карашса салынган боюнча, адам жатканы билинбейт. Түндүк тартылуу бойдон. Коноктун үйдөн кантип чыгып кеткени белгисиз бойдон калат.
        Ошентип мезгили келгенде Байсарынын келинчеги уул төрөйт. Атын Кыдыр коюшат.
        Кыдырдын чоң атасы Олжобайдын энеси Эренче да касиеттүү адам болуптур. Кыз кезинде уктап жаткан Эренченин үстүнөн шоола түшүп турганын болочок күйөөсү Түлөберди, анын улуу зайыбы Каныш да байкашкан экен. Көптү көргөн карыялардын айтуусуна караганда мындай касиеттер укумдан -тукумга өтөт деп жүрүшөт.
        Санжырачылардын айтканына караганда Кыдыр акенин колдогону эки жолборс болуптур. Ал дайыма алдыда боло турган нерселерди алдын ала билип, жаман көз караш менен карагандардын аягы жакшы болбогондугун айта калып жүрүшөт.
        Жолголоттук карыя Т. Дөөлөтбеков мындай деп эскерет:
         «Дасторконго бата кылгандан кийин үй ээси:
        -Кыдыке, мынабу Сагынбай иниңиз конокко чакырып жатат,-деди.
        - Макул баралы , шагын сындырганыбыз болбос,-деп аттарына миништи. Биз дагы алар барган үйгө жөнөдүк. Устукан алып, көңүлүбүз жайланды. Бата тиленер алдында Абышка Кыдыр акеге кайрылып:
        -Сагынбай иниңиз тың, төрт түлүк малы бар. Бирок, башка чукак. Сиздин батаңызды сурайт,-дегенде Кыдыр аке колун жайып:
        -Сагынбайым, жараткандан тилегиң кабыл болсун, бала чакалуу бол, оомийин,-деп бата кылды.
         Ошол кезде Сагынбай 42 жашта экен. Жылдар өтүп, ал киши үч уул,эки кыздуу болгонуна күбө болдук. Алардын улуусу Ата Мекендик согуштан келбей калды. Калгандары бар. Жаратылышынан өзгөчө касиети бар адамдар болорун карыя болгондо эмес, жаш кезимден эле байкап жүрөм,Кыдыр акенин касиети болбосо Сагынбай бала-чакалуу болор-болбосу арсар эле го деп ойлоп калам. («Ысыккөл кабарлары». №82,1993-жылдын 22-октябры.)
        Кыдыр акенин өзгөчө касиеттери жөнүндө ал жөнүндө жазылган китептерде кеңири айтылгандыгына байланыштуу кайра кайталоону эп көрбөдүк.

    Кыдырдын өнөрү                                                  (түзүмгө)

        Ал киши эл башкарып, жооптуу милдетти мойнуна көтөрүү менен бош убактысында тайган агытып, куш салганды, сейилдеп аңчылык кылганды, күлүк таптап, ат чапканды бала кезинен эле жакшы көрчү экен.
        Ал куштардын кыраанын, жөнсөгүн, начарын ажырата билип,мүнүшкөрлүк да кылчу экен. Каз-өрдөккө ылаачынын, кышкысын түлкүгө бүркүт салчу экен. Анын табы келген бүркүтү карышкыр алган учуру болуптур. Анын Тайкашка деген дубанды бузган күлүгү нечен ат чабыштарда байге алып, Кыдыр акенин зоболосун бир топ көтөрүптүр. Ал эми аттын байгесинен өзүнө алып калбай ар урууларга таратып берип, жарды-жармачтарга да ылайыктап бөлүп берчү экен. Тайкашканы тай кезинде таранчы Кубанияздан алган экен. Кыдыр акенин дасторконунан бир нече жолу даам сызып, анын адамкерчилигин сыйлаган Жаркенттик таранчы Кубаныяз Кыдыр акени кандай сыйлоонун ыгын келтире албай жүргөндө, үйүндөгү бээси мүчө башы келишкен кашка кулун тууйт. Саяпкерлерге көрсөтсө анын дубанды бузган күлүк болоорун айтышат. Кубаныяздын көктөн тилегени жерден табылып,жылкы жаныбарды өзгөчө баалап,күлүк ат десе жантыгынан жата калчу сырын билип,Кыдырга киши жиберип чакырттырат. Ошентип сынчы айткандай кашка тай кудай берген адамдын колуна тийет. Кыдыр акенин өнөр адамдары менен болгон мамилеси.
        Кыдыр аке манасчыларды, акындарды,комузчуларды,деги эле өнөр адамдарын өтө кадырлап, барктап, алар менен мамиле түзүп, сый-урматын көрсөтчү экен. өз үйүнө сыйлуу конок келгенде, же бөлөк бирөөнүкүндө конокто отурганда өнөр адамдарын чакырып, алардын өнөрүн көпчүлүк менен угуп, аларга сыйын көрсөтүп, узатып жиберчү экен.
        Бул жөнүндө Кыдыр акени көрүп, колуна суу куюп, чай сунуп калган, кийин 90 жашка чыга жашаган үчкайнардын жашоочусу Мамбет карыя журналист С. Исмаиловго берген бир интервьюсунда мындай дейт:
         «Мага сыйга миничү атын атам токуп берип, Карабөлтөктөгү манасчы Чоюкеге жиберди. Кудай жалгап кыштоосундагы үйүндө экен. Салам айтып, келген жайымды айтсам?-Барайын, Кыдыр акени өзүм да көптөн бери көрө элек элем деп,тез эле кийинип, жолго чыктык. Манасчыны чыдамсыздык менен күтүп жатышыптыр. Чоюке Кыдыр аке менен кучакташып көрүшүп, Таласта, Чүйдө көргөн -билгендерин айтып берип отурду. Аюу талпакта жанбаштап жаткан Кыдыр аке тамекисин тартып бүтүп:
        -үнүңдү, баарынан да өзүңдү, Манасыңды сагындык деди жайдарылана.».
        Кыдыр аке кийин, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Чоюкенин «Манасын» угуп жүрчү экен.
        Жамийла Жылкыбаева түзгөн «Кыдыр аке» аттуу китептеги маалыматка караганда Кыдыр аке каза болооруна бир жума калганда арык тукумунун мыктыларын чакыртып, аларга акыл-кеңешин, насаатын айтып болгон соң, «акыркы ирет үнүн угуп калайын»деп манасчы Чоюкеге чабарман жибертет. Тилекке каршы барган киши «Манасты» айтып жатып,үзүлгөн Чоюкенин үстүнөн чыгат.
        Жиберген чабармандан Чоюкенин кабарын уккан Кыдыр аке:
         -Каап, аттиң, анын үнүн акыркы ирет угуп, акыретке аттанайын дебедим беле. Манасчыны жакшылап узаталы. Жигиттерге кабарла, союш, кийитине камданышсын»-деп,өзү орто жолдо турганына карабай,манасчыга кам көрүп, тийешелүү жардамын берип, бир жумадан кийин өзү да кайткыс сапарга аттанган экен, кайран киши.
        Кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан баа жеткис байлыгы «Манасты», ошондой эле табият өзгөчө касиет тартуулаган манасчыларды кадырлап,барктап, өмүрүнүн акыркы күндөрүндө да«Манасты» уккусу келгени, ата бабалардын бай мурасын баалагандыгы, Кыдыр акенин түшүнүгүнүн тереңдигинин, ой-чабытынын кенендигин, чанда гана адамдарда кездешүүчү өзгөчө касиетин далилдеп турат.
        Кыдыр аке жаш кезинде жамактатып ыр ырдап, кыз оюндарга катышканда ар нерсени кошуп ырдап,калчу экен. Бирок ал кездин шарты боюнча жетиштүү адамдар, тек-жайы бай-манап болгондор эл алдында ырдаганды, комуз черткенди намыс көрүшкөн экен. Ошого байланыштуу акындык жайын өркүндөтпөстөн, өз чөйрөсүндө комуз чертип калган экен. Санжырачылардын айтымына караганда анын чоң атасы Олжобайдын энеси Эренче калмактан колго түшкөн кыз экен. Чоң кошокчу,жаш кезинен тирикараак, эл-журтка жугумдуу, касиеттүү адам болгон экен. Анын артыкча касиети кан менен Кыдыр акеге өтсө керек.
         Кара күүнүн атасы Ыбырай аксакалдын «Боз салкын» деген күүсүн угуп, талантын аябай баалап,» Кара күүнүн артынан түш, жаман комузчу болбойсуң» деп ак батасын берген учуру болуптур. өзү да комуз кармап,көптөгөн күүлөрдү билчү экен. Бир топ күү чыгаргандыгы жөнүндө изилдөөчүлөр тарабынан да айтылып жүрөт. Бүгүнкү күндө айрым мыкты комузчулар анын «Төгөчү» же «Кыдырдын арманы» деген күүсүн чертип жүрүшөт. Бул күүнүн да өзүнчө тарыхы бар.

    Кыдырдын арманы                                                  (түзүмгө)

        Күн күзгө тартып калган мезгили экен. Кыдыр аке байбичеси Мааке, дагы айылдаш эки киши менен боз үйдүн жанында отурушса,тандамал жакшы аттарды минген, сылана таза кийинген бир топ жигит Керегеташтын кырынан чыга калышкан экен. Ортосунда келе жаткан, минген аты тың, атка отурушу, алыстан көрүнүшү өзгөчө көрүнгөн жигитке көзү түшкөн Кыдыр:
        -Капырай, тетиги жигит ким?Көрүнүшү башка го?-деп, жанындагыларга суроо салат.
        -Ээ жарыктык, ал өзүңүздүн Төгөчүңүз эмеспи-дегенде, «Алда кокуй ай, кара көзүм кашайган тура» деп бир катуу өкүнүп алып, башка сөз айтпай тескери басып кеткен экен.
        Ошондон көп өтпөй Төгөчү ооруп калат. Көргөзбөгөн табыбы, дарыгери калбайт. Ошондой күндөрдүн биринде Садыр аке Төгөчүнү көргөнү келип калат. «Асылды асыл тааныйт»дегендей Кыдыр экөө мурдатан эле бирин-бири сыйлап, урматтап келишкен экен. Анын үстүнө экөөнүн тең чоң энелери калмактын кыздары болгондуктан бөлө катары да мамилелеш болуптур. Тай союлуп, конокторго сый-урмат көрсөтүлөт. Эт бышып, табак конокторго жуп тартылып калган учурда Төгөчүнүн үзүлгөндүгү жөнүндө Кыдырга акырын угузушат.
        -Болоору болгон экен, эми коноктор тамак жеп, аттанып кеткенче эч кимиңер ыйлабай, келгендерге шек билгизбей туруп тургула -дейт Кыдыр аке. Өзү да сыр алдырбай, тамак ичилип бүткөнчө,ичи эңшерилип күйүп турса да,кайратынан жазбай, кабагым-кашым дебей, сын-сыпатын бузбай, конокторду узатуунун камында болот. Тамак ичилип бүтүп, колго суу куюлуп бүткөндөн кийин комузун колуна алып, бир муңдуу күүнү черте баштайт. Отургандардын арасында күүнүн сырын түшүнгөндөр комуздун жүрөктү эзип,сай-сөөктү сыздатып, өзгөчө муңканып чыккан үнүн уккандан кийин, иштин оң болбой калганын түшүнүшүп, тез эле аттанышат. Бир кырды ашып барышып, Төгөчүнү жай жерине алып койгондон кийин, кайра өкүрүп келишет.
        Эл аралап, журт аралап, элдин көзүнө көрүнүп, сынга толуп, отузга жаңы чыккан тун уулу Төгөчүнүн кайгысына чыдабай, орду толгус чоң жоготууну тамактанып жаткан сыйлуу меймандарга ызы-чуу түшүрүп, ыңгайсыз абалга калтырып угузбай, башына катуу кыйынчылык келип турса да өзгөчө чеберчилик, токтоолук, сабырдуулук менен үч кыл комуздун өзгөчө касиети аркылуу ичиндеги зор муң-кайгыны билдирген экен, кайран киши.
        Нечен жакшылык-жамандыкты көрүп,баарын өз учурунда сабырдуулук менен көтөрүп келген залкар адамдын бул жолу жанындай жакшы көргөн, келечегинен зор үмүт кылган улуу уулу Төгөчүнүн кайгысына бели ийилип, комузду муңкантып чертип турган Кыдырды кара жер жердигинен араң көтөрүп турган кыйын-кысталыш учурда, отургандардын арасында кадимки Карамолдо менен Ыбырай да болгон экен деп жүрүшөт. Бул күү бара-бара ошол залкарлар аркылуу эл арасына тарап, бүгүнкү күнгө чейин жеткен экен.
         «Экинчи Кыдыр» аталып келе жаткан уулу Акимкандын да өмүрү кыска экен. үркүндөн кайтып, эл аралап,айыл ичиндеги маанилүү маселелерди чечүүгө аралашып калган мезгилинде, 1918-жылдын жаз айларында, казактын Тоо-Челек деген жеринде каза болот.
        Илгерки даанышман карыялар 7-8 баласы болсо да, арасынан идиректүүсү чыкпаса, «тукумсуз өтмөй болдум» деп, катуу кайгыга түшүшчү экен. Сезими күчтүү, ар нерсени алдын ала байкаган баамчыл, өзгөчө касиетке ээ болгон Кыдыр аке жанындай жакшы көргөн балдарынан ажырагандан кийин кийинки балдарынан анча үмүт кылбаса керек.
        Бүтүндөй бир урууга баш көз болуп, алардын оорун колдон, жеңилин жерден алып, ысык-суугуна күйүп, зор жоопкерчиликти мойнуна алып,калайык калктын купулуна толуп, кадырлоосуна ээ болгон мыкты адамдардан атанын жолун жолдогон «бычакка саптык» тукум чыкпай калганы кандай аянычтуу! Орду толгус жоготуу, арман эмей эмне!?

    Кыдыр Акени акыркы сапарга узатуу                                                  (түзүмгө)

        Кыдыр аке Байсары уулу 1926-жылы 83 жаш курагында дүйнөдөн көчкөн.
        Маркумду акыркы сапарга узатууда Көл өрөөнүндөгү орус, өзбек, дунган,уйгур, татар жана башка улуттардан сырткары, кошуна албан казактарынын,Текестеги таранчылардын өкүлдөрү да келип, аза күтүшүп, тийешелүү сый-урматын көрсөтүшкөн.
        Ал эми Аксуунун орустары Кыдыр акени атасындай сыйлашчу экен. Кийин ал кишинин көзү өткөндө араба-араба нандарын,байлаган семиз өгүзүнө чейин алып келишип,(мурда мындай окуя болбосо керек) кыргыздын салтын сактап өкүрүп келишиптир. Кыдыр акенин сөөгү коюлгандан кийин Аксуулук орустарга 150 сом мүчө берилиптир. (Ал учурдагы баа менен жылкы 5 сом экен). Бул жөнүндө Омор Бексултан уулу Еркетанов, Токтобек Болчуровдун Кыдыр аке жөнүндөгү китептеринде айтылат.
        1993-жылдын 22-октябрында Кыдыр акенин киндик каны тамган Аксуу жергесинде 150 жылдык мааракеси өткөрүлгөн. Ага арнап күмбөз тургузулган.
         Кыдыр аке жөнүндө көптөгөн макалалар басма сөз беттеринде жарыяланган, телеберүүлөр уюштурулган, бир нече китептер жарык көргөн, ушул саптардын автору тарабынан драма жазылып, театрга коюлган.
             Бишкек шаары.
             18. 04. 2006-жыл.
             т.(0543) 091 804; Максүтов Б.

Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ