Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун нукура тарыхы
(санжырасынын негиздери)


Анарбек Усупбаев
"Манас Ордо" коомунун төрагасы, техника илимдеринин кандидаты

    ♦1124-1125-жылдарда Агунда аскер баштап Кытай (Ляо) кандыгынын көп жерлерин басып алган. Ошону менен 916-жылы курулган Кытай (кидань же Ляо) кандыгы бүт бойдон жоголгон. 1124-жылы Кытай кандыгынын канзаадасы Элли (Тулуй - О.А.) Даши бир бөлүк аскер менен букарасын баштап, Эне-Сай кыргыздарынын ичине качкан. Бирок тигилер Элли Дашиге жардам бербей коюшкан. 1128-жылы Идикут уйгур каганатынын каганы Билиги Идикут (Билге Элдик Кут-О.А.) Элли Дашиге 600 жылкы, 111000 төө, 3000 кой жардам берип, анын бийлигин кабылдайт. Ушундан соң Элли Даши же (Елюй Даши) жетекчилиги астында Кытай ордосу Ала-Тоого (Тяньшанга) келген да, алар аердеги жергиликтүү элдин (Отуз уулдун) колдоосу астында өз бийлигин орноткон. Тарыхчы Худяковдун маалыматына караганда "Чыгыш Түркстандык кыргыздар Ляо императоруна тартуусу менен элчилерин жөнөтүп, тыгыз байланышта болгон". Демек, кыргыздар менен Бээжинде турган кытай ордосунун ортосунда буга чейин жаркын маанайдагы алакада болгон.

    "Кидань (кытай уруусу - О.А) согуш жолу менен жүрүп отуруп, Баласагунга чейин жеткен экен, аяктан аларга эч ким каршылык кылбаган соң берегилер ошол жерге отурукташып калыптыр" (алиги китепте, 50-6.). Иш жүзүндө, кытайлар Баласагунга 1127-жылы чукул келген кезде аердеги Кара канга жергиликтүү эл баш ийбей аткан эле, ушу себептен, Кара кан алиги кытайлардан аскери жардам сураган. Кытайлар тигинин өтүнүчүн аткаруу менен ал өлкөгө көчүп кирген да, ордодогу чыр-чатактан пайдаланып, Кара кан бийлигин ураткан - Елюй Даши өзүн Кара кан деп жарыялаган. Ошондон кийин ал мурдагы Кара канды өлтүрбөстөн, өзүнө нөкөр кылган.
    "Ошол чепте (Баласагунда) Каңдыдан чыккан көп түрк боло турган, - деп жазат Абулгазы, - ал тиги жердин каны Илек-Нукрактын аймагын талап-тоноп турган. Андыктан, Илек-кан алиги Кытайдан чыккан бекке (Тулуй Тайшиге - О.А.) элчи жиберип, береги аймакты тигинин бийлигине берүүнү убада кылып, өзүнө чакырган. Ошондо тиги келип, өлкөнүн башчысы болуп калды да Илекти өзүнүн нөкөрү кылды жана аны ушу күндөн тартып эч ким Илек-кан деп атабоосун, мунун ордуна тигини Илек-Түркмен деп атоосун буюрду, а өзүнө Гур-кан деген наам берди". (Родословное древо тюрков, Казань, 1914 43-44-6.).

    Мына береги маалыматтар башка кабарлар менен да далилденет. Анда да жанагы Баласагун эли кытайларга согушсуз багынганы кытай санжыраларына да чийилип калган. "Алар (баласагундуктар - О.А.) өз мекени Цзоу-гуа деген көчмөн урук экенин, азыр өзүлөрү турган шаар Гусы эли (Угуз ордо - О.А.) деп аталарын айтат. Салт боюнча булар курал-жарагы жок, дыйканчылык менен кесип кылышат. Түшүмдүн ондон бирин мамлекетке өткөрөт. Карыялар өткөн заманда же качан гана кытайлар (кидандар) келгенде алар тигилерге эч каршылык кылалбагандыгын жана баш ийгендигин айтышат. Эгерде, кытайлар (кидандарь) турган ордону ат менен таң ата айланса, түшкө чейин аны бир гана тегеренген" (Малявкин А.Г. Материалы по истории уйгуров в IX-XII вв. Новосибирск, 1974,77-б.).

    Чындыгында, карылуу катагандары Ала-Тоого кытайлар (кидандар) келелектен беш-алты жыл мурда эле бул жердеги өз бийлигинен ажырап калган түрү бар. Абулгазынын жазганынан көрүнүп тургандай, 1127-жылы кытайлар Баласагунга жакындап келген кезде так ушул карылуулар өзүлөрүнөн бийликти тартып алган жанагы Илек Нукракка же Илек-Түркмөнгө каршы көтөрүлүп аткан. Демек, карылуу катагандары башында турган нукура түрктөрдөн Баласагундагы башкы бийликти аргындар (түркмөндөр) тартып алган. Натыйжада, Ала-Тоо менен Турпан аралыгындагы катагандар биргелешип Чүйдү ээлеп алган аргындарга каршы күрөшкөн. Ошо кезде чыгыштан сүрүлүп келген кытай (кидань) кошундарынын пайда болушу береги катагандардын чырагына май тамызган. Булар тигилерди эң жакшы тосуп алып, Элүү( Йолуй) Дашиге аскери жана тамак-аш жагынан жардам берген. Натыйжада, Баласагундагы аргын бийлиги урап, кытай (кидандардын) кара кандарынын заманы башталган. Ушул жерден дагы бир мисал келтирип кетейин. Манастын кытай уруусунан экендигин; Кыргызда мындай деп айтылган сөз бекер болбосо керек: "Катаган-кытай бир ата" же "Катагандан кан Кошой"-деп. Муну чечмелегенде Кошой кыргыздын катаган уруусунан, ал эми Манас кыргыздын кытай уруусунан экендиги ушул жерден да көрүнүп турбайбы.
    Жогорудагы маалыматтар өзү эле кыйкырып тургандай бийлик башына келген кытайлар (кидандар) Карылуу өлкөсүндөгү мамлекеттик түзүлүшкө эч өзгөртүү киргизген эмес. Мурдагы бийлер өзүлөрүнө тиешелүү урууларга баштагыдай эле жол башчы бойдон калышкан. Алар бар болгону шаар элинен бир динардан, а кыштак журтунан жалпы түшүмдүн ондон биринен салык алган. Муну ибн аль-Асир да ырастайт. өтө куу саясат жүргүзгөн кытай (кидань) кара каны Ала-Тоодогу мурдагы бийлик ээлери Карылуу катагандары менен да, кийинки аргын (түркмөн) башчылары менен да жалпы тил таап, аларды өз кызыкчылыгына пайдаланышкан. Бул алардын бирде аргындар менен, кээде кара кыргыздар менен бирге ар кандай согуштук жортуулдарга чыккан жеринен даана көрүнөт.

    "Түрктөрдүн үстүнөн бийлеген түрк-кытайлардын (кидандардын) хакандары (каракандары - О.А.) көнгөн адаттары боюнча боз үйлөрдө турган. Алардын ордолору өзгөндө, Кашкарда, Баласагунда болгон" (ошондо, 73-б.). Ал кытайлар (кидандар) Орто Азияда өз бийлигин орноткон соң деле мусулман динине өткөн эмес, башка кыргыз боордоштору сыяктуу эле Теңирчиликте (Көкө Теңирге, жаратылыштын касиеттерине жана бабаларыбыздын, энелерибиздин арбактарына) сыйынышкан.

    Манжулар ошо кытайды (киданды) "Хара Хитай" деп атаган экен. Ошондуктан мусулман жазмаларында булар "харахитай" деп жазылган. Мусулман жазмаларындагы "харахитайлар" тарыхый Оңдордун доорундагы сол канат кыргыздары. Алардын негизги тобу 93-жылы манжу колуна түшүп кетип, кайра кыргыз жерине XII кылымдын баш ченинде гана келген кыргыздын кытай уруусунун жогору тамгасы. Булар өзүбүздүн журт! Түбү сол канат эли!

    Бизде береги кытайлар келгиче Ала-Тоону мекендеген кытайлар болду беле? Болгон! Алар 93-жылкы азада манжулардын колуна түшпөй батышка чегинген кыргыздын кытай уруусунун төмөн тамгасы эле да, булар башка кыргыз уруулары сыяктуу Ала-Тоону мекендеген. Ушул кытайлардын - "төрдөш" деген уругунун аты түрк заманында Ала-Тоону бийлеген эгелердин "тардуш" деген мамлекетин VII-VIII кылымдарда түзгөн. А эгер биз, Кытай уруусунун түп аты Кытат (Кидань деген ханзу сөзү так ушул аттан келип чыгат) экенин жана ал байыркы кыргыздардын сол канатына кирээрин, 93-жылга дейре ал Чоң Алтай менен Бай-Көл аралыгын мекендегенин эске алсак, береги биз козгогон маселе дагы айкыныраак боло түшөт. Неге дегенде, сол канат жеринде "кытат деген жер аттарына удаа эле хакастардын орто кылымдарга тиешелүү эпосторунда кыргыз деген эл менен бирге кытат деген да элдин аты аталат" (Кыргыздар, I т., 143-б.). Ал эми алиги сол канат кыргыздарынын уруу-уруктарына көз салсак, алардын арасынан азыр бизде туруп аткан кытай уруусунун айрым-уруктарынын аттарына шайкеш аттарды кездештиребиз. Алтай элинде "жарык" (кытайларда чарык), шорлордо "кый" (кыйра), Миң-өзөндөгү сакай менен койбалда "чода" (чоодан же чотон), качыда "кашка" (сары кашка), төбөй элинде "чооду" же "чотон", "төдөт" (төрдөш). Бул даректерден биз алиги кытат (кытай) уруусунун тээ өз боордоштору - сол канат (Куу уул) кыргыздары менен болгон генетикалык байланышын оңой эле байкайбыз. Ушул эле "төрдөш" уругу тээ Түрк заманында Кара-Тоодо (Наньшанда) өзүлөрүнө тектеш алтайлык кыргыз уруусу "дөөлөс" (телец) менен бирге көчүп-конуп жүргөн. 620-жылдары бул эки уруу Сирь мамлекетин түзүшкөн.

    Жалпысынан алганда, Елюй Даши Түркстанга келген кезде Ала-Тоо аймагында кыйла кытай (кидандар) болгон. Муну В.В. Бартольд чаташтырып: "Елюй Дашиден мурда чыгыштан качып келген кытайлар" - деп жазат. Бул, албетте, калпыс. Кытай уруусунун уюткусу бизде мурдале болгон, кантсе да алар кийин келген кытайлар (кидандарь) менен аралашып, ошол көпчүлүккө сиңип кеткен.

    Рашид-ад-Дин Елюй Дашини акылман, ар нерсеге жөндөмдүү жана таланттуу адам болгондугун жазган жери бар. Гурхандын ордосу Хосун-хото (Кошуун шаары) деп аталган. Х.Кордиердин жазганына караганда Елюй Даши 70000 аскер топтоп, азыркы кытайдагы (ханцзуулардагы) бийлигин калыбына келтирүү үчүн ошо куралдуу күчүн чыгышка жөнөткөн экен, тилекке каршы, ал чөлдөн өтө албай, көптөгөн аттары менен төөлөрү өлүп, кайра кайтып келген түрү бар. (Г.Е. Грумм-Гржимайло, II т., 395-б.).

    Кытай (кидан) кара кандары Ала-Тоодо өз бийлигин орноткон соң мурдагы бийлик ээлери Карылуулар-Катагандар (XI кылымда Европага ооп кеткенинен калганы) менен эчен ирет чатакташкан. Ошонун кесепетинен Ала-Тоодо калган Карылуулардын бир бөлүгү Самаркан менен Букара тарапка оосо, бир бөлүгү Кытай (кидан) кара кандарынын бийлигин таанып, аларга жоокер катары кызмат кылган.

    Кээ бир тарыхый маалыматтарда тарыхчылар 751-ж. Таластагы (Тараз суусунун боюндагы деп да тарыхта айтылат) арабдар менен кытайлардын (кидандардын) согушун, азыркы кытай (ханцзуулар) менен болгон согуш деп туура эмес жазышат. Ал убакта ханцзууларды (азыркы кытайларды) манжулар башкарып турушкан. Ханцзуулар бул жакка кайдан келмек эле, алар өздөрү кулдукта болушса анысы аз келгенсип сепилинин артында көчмөндөрдөн корголоп кулдук кейпинде отурушса. Бул согушта кыргыздын кытай уруусунан башка да, кыргыздын уруулары болгон. Булардын башында кытай уруусунун төмөн тамгасынын Төрдөш уруусу турган, ошол убактагы Төрдөш мамлекетин түзүүчүлөр. Бул согушта арабдар жеңишке жетишкен (Материалы по истории киргизов и киргизии. 60-б.).

    (Уландысы бар)


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ