МУХТАСАР      ТАРЫХ     КЫРГЫЗИЯ

Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков
(1875-1942)

Которгон Х.Карасаев
(КЫРГЫЗДАР. Бишкек, "Кыргызстан", 1991, түзгөн Кеңеш Жусупов)

    ♦ТАРЫХ ЖАЗУУЧУНУН ЫРЫ

    Колума калем алдым тарыхты жазмак үчүн,
    Туугандарымды курдаштарым билсин үчүн.
          Бу тарых жазылды кыргыз үчүн,
          Кыргызды кыйла калктар билсин үчүн.
    Бу тарых билдирер бабабызды,
    Эки жүз миң үйлүү кыргыздарды.
          Болуптур түпкү атабыз Угуз хандан,
          Угуз хан бири болур тогуз хандын.
    Аңтардым алда канча тарыхтардын,
    Кыссасын нечен-нечен өткөн жандын.
          Тарых демек – өткөндөрдүн алын билмек,
          Ата-баба, олуялар жайын билмек.
    Акылы артар пикири өткүрлөнүп,
    Бүтүн-бүтүн башка адам болор демек.
          Жер жүзүндө түркүм-түркүм адамдарды,
          Түрлүү-түрлүү диндерин билүү демек.
    Тарыхын казак, кыргыз, ногой, сарттын,
    Кай насил, кай уруктан келгендерин.
          Бир бирден ар бирлерин баян кылдым,
          Катама айып кылба, туугандарым.
    Ат койдум тарыхыма “Кыргызия”,
    Кагаз, калем алуу менен мен колума.
          Жаздым мен бир неченди дастан кылып,
          Окуган факырыңыз Букар шарыф.
    Төртүнчү атам Маматкулдан болот, Темир,
    Кашкасы аттыкындай ар ким билер.
          үчүнчү атам Черикчи Эр Темирден,
          Экинчи атам Абайылда Черикчиден.
    Өз атам Абайылдадан Сыдык маркум,
    Дуга кыл энди бизге, туугандарым.
          Агабыз молла Сабит дин агасы,
          Көндүрдү дин жолуна туугандарын.
    Агабыз: экинчи – Канаат ажы,
    Дин үчүн жахилларга (наадандарга) урду камчы.
          Дин кызмат, миллетке (улутка) көңүл берген
          Табылбас артык биздин, кыргыз калкы.
    Атабыз молла Осмонаалы,
    Айта берсем сөздөрүм козголады.


    ♦АКЫЛ, ИЛИМ МЕНЕН АЧЫЛГАН ӨНӨРЛӨР

    Өнөрдүн артыктыгын эшитиңиз,
    Пайгамбар ак кудааны бир билиңиз.
          Илим менен пайда болгон нерселерди
          Жазайын баян кылып тыңдасаңыз.
    Бир күндө алып учар айлык айлык жолго,
    Темир жол, тегиз үстү от араба.
          Эшитебиз кабарды бир четинен
          Электрик, телефон, тилгирам мен.
    Сууга кайык жүргүздү кеме менен,
    Илим менен ар түрлүү өнөр билген.
          Дагы да асманга учту аба бирлен,
          Кааласа кайта келип жерге түшкөн.
    Воздушный шар деп атайды атын билген,
    Өнөрманга акылды кудай берген.
          Калкыбыз мындайларды көрүп беди,
          Айтайын баян кылып билгендерди.
    Эшитебиз чыкты деп чыбыксыз тилгирамды,
    Аман болсо көрөрбүз муну дагы.
          Алты атар, он эки атар бардеңкелер,
          Жана бар ар түрлүү машинелер.
    Чөп чаап, аштык оруп, кийим тигер,
    Сөз сүйлоп, грамофон тамаша этер.
          Жана чыкты электрик чырак деген,
          Бир мүнөттө шаар ичин жарык эткен.
    Телескоп дүрбү чыкты жылдыз көргөн,
    Бир тарууну бир түйөдөн үлкөн эткен.
           Өнөр менен нечен завод кеме кылган,
          Шолар менен кымбатты арзан кылган.
    Басмакана жана бар китеп баскан,
    Халктарга өнөр менен магарыф (агартуу) чачкан.
          Кезит, журнал маалумат ар тараптан,
          Шолар менен калкыбыз көзүн ачкан.
    Өнөр менен ушуларды адам тапкан,
    Жалгыз ак казак-кыргыз карап жаткан.
          Катардан кийин калдык наадандыктан,
          Не керек мынча жатмак, ай-ай тууган!
    Биз дагы өнөр билсек обол баштан,
    Кутулбас беле башыбыз наадандыктан.
          Чыккынчы бу шайлоого кырк жыл болду,
          Шол шайлоо бакырлыкка себеп болду.
    Мактанып бай баласы акмак болду,
    Жинденип колдо малын чачмак болду.
          Мас болуп бирөө чыкты бий болом деп,
          Кас болуп бирөө чыкты мен болом деп.
    Бирөө чыгар биздерди унуттуң деп,
    Колдон келсе аянбай паралар жеп.
          Талашып болуштукка акча төгөр,
          Көргөн соң акмактарың неге турар.
    Кандайча ушулардан каламын дээр,
    Болбосо беш-он теңге аламын дээр.
          Эртерээк ээр токунуп атка минер,
          Шордунун аты арык, зорго жүрөр.
    Калжырап бу бечара карап жүрөр,
    Кеч кирсе амалы жок үйгө келер.
          Паланча ыстарчынга айла жоктур,
          Ынтымак биздер дагы кылайык дээр.
    Бу шордуу байге атындай элтең этер
    Тилегине жете калса, мал түгөтөр.
          Насыясы өз малынан артып кетер,
          Түгөтүп туугандарын ууру этер.
    Береди улуктарга миңден акча,
    Көтөрмөгө сарт, ногой бере калса.
          Бар, бурадар, досум деп малын сурар,
           Өмүрүнчө кар болуп кудай урар.
    Тилмечтерге береди жана акча,
    Кубанады тилмечтер акча алса.
          Кызыл чок деп Пржевалдын “тайганы” бар,
          Бу “Тайганга” жолуксаң – замана тар.
    Мусулманга кез болбосун, ойбой кудай!
    Жигиттиктен түшкөн күнү кудай урар.
          Кез болсоң кара жолдон каршы аларга,
          Амалың жок акча бербей бекер өтөр.
    Шайлатып, болуш үйгө кайтар,
    Кедей байкуш чологун арыктатар.
          Түк пайда жок үйүнө барып жатар,
          Мактанып катынына сөзүн айтар.
    Нечен залал ар жылда көрсө дагы,
    Күндөн күн артылмакта бу шумдуктар.
          Бир биринен ага-ини айрылмакта,
          Акмактык аламаты шондой болор.
    Сатылды азиз өнөр аз акчага,
    Көрдүңүз нечендерди, аксакалдар.
          Жинденип акмак болбо боз балалар.

          Бисмиллахир рахманир рахим (боорукерлердин боорукери алланын аты) Барча хамид аллах азожилге (бүткүл мактоо жогору турган алаага) болсун. Жана анын рахматы ва саламы пайгамбарыбыз Мухаммед мустафа селлоллоху алей ва-саламга болсун, анын сахабаларына жана анын үммөтлерине жана барча мусулман балаларына аллоху тагала туура жолду көрсөтсүн. Амма багди (мындан кийин) биз бу китепти жаздык кыргыз туугандарга кызмат үчүн жана кийинкиге ядгер (эстелик) калсын үчүн. Ар калыкта бир тарых бардур. Биздин кыргызга тарых жазуучу адамы жок болгон үчүн “кыргыз кырк кыздан” деп, шайых Мансурдун бир нече акылга макул болбогон хикаятлар (аңгемелер) келтирген. Көрпө, тери алдап алуучулардын сөздөрү жаныма өтүп, он беш жылдан бери аңтарып, текшерип, эки жүз миң кыргыздын ата-бабаларын таратып, тээтиги Адам алейсаламга жеткирдим. Биз дагы асыл заттан экенибизди билсин үчүн, он беш жылдык мээнеттеримди бир саатча көрбөй, калем тыбырата баштадым. Төмөндө Сарбагыш, Солто, Бугу, Саяк, Азык, Черик урууларын бир бирден баян этип, кыскачарак кылып билген кадары азыркы журт башчыларына чейин таратып жеткирдим.


    ♦ТАРЫХ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН!

           Өткөн калктардын алын билет. Кайсы коом кайсы уруктан, эмне өнөрү бар, эмне кесип менен оокат, тиричилик кылгандарынан, кандай дөөлөт (мамлекет) кандай балакеттерге кирептер болду, мына ошолордон бир бирден кабар берет. Акмактардын акмактыгынан, жакшы адамдардын адилдигинен ыйбаратланат. Ошону менен бирге окуучуларга магрифат (илим-билим) пайда болот. Жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарых билүү керек. Өтө этибарлуу бир илим.


    ♦ТАРЫХТЫН ПАЙДАСЫ

          Тарых билген адамдар оболкулардын алын көргөн шекилдүү билет. Бир кез орунда отуруп алып, нечен миң жашка чыккан адамдай билет. Кыскасы – заман-дын оболунан акырына чейин билет. Тарых окубаган кимди билсин? Тарых окуучу эр замандын оболунан ушул убакытка чейин билет жана дастан кылат.


    ♦КАЙСЫ ТАРЫХТЫ ОБОЛ БИЛҮҮ КЕРЕК?

          Ар иште тартип болгон шекилдүү (илаа хам фала хам – “эң керек анын соңунда бек керек) тартибинче баруу керек. Ошо өз урууларын билип, андан соң башка калкты билүү керек. Маселен: Иранды мусулман деп, Урумдун башка динде экендигин тарых окуган билет. Андай болсо сарбагыш, солто, азык, черик, саяк, бугу уругун бу китепти окугандар билет. Бир бирден дастан кылып баян кылат. Он беш жыл туугандарга кызмат кылып ата-бабаларын сүрүштүрүп талыбаган, балаларын сүрүштүрүп арыбаган мен соңгы ядгер (эстелик) калтыруу үчүн үмүт калемдерин тыбыраттым. Атабыз Кыдык маркумдан тартып, кырк төрт ата менен азирети Нух алейсаламдын Яфас аттуу уулуна ягни түрк атабыз алпардым. Валлоху аглам (чындыгын алла билет). Жазуучу тахмин (болжол) гана кылат.


    ♦АЗИРЕТИ АДАМ

          Оболку атабыз болуп азирет (Адам), хаво (Ава) оболку энебиз болуп, жер жүзүндөгү адамдар ушул эки заттан таралган. Адам демек – жердин кыртышы демек. Азирети Азирейил тофуракты жердин ичинен албады, сыртынан алды. Ошон үчүн Адам аталды. Лакап аты софиюлло-алланын саф (таза) кулу деген сөз.
          Адамдын кабыры Серандипте, Хавонун кабыры Жидде шаарында. Бу заттардын сезиз жаннаты сайран кылып, бу дүнүйөдө нечен жыл өмүр сүрүп, фани (жалган) дүнүйөнү таштап, бакы (түбөлүк) дүнүйөгө кеткени айдан ачык, күндөн жарык. Анын несин айтайын, мураддан (тилегимден) калбайын. Экинчи атабыз азирети Нух болуп, нечен балакет, алакет (бүлгүн) пайда болуп, Тофан суусунан үмөттөрү тамам болуп, үч уулу, үч келини калды. Бу жүргөн калыктар ошолордон таралды. Ол заттар үчүнчү атабыз. Аттары: Хам, Сам, Яфас.


    ♦ХАМ БАЛАЛАРЫ

          Хам балалары Африка, Америка, Асия кытааларында (бөлүктөрүндө), Индостан деңиздеринин араларында жапайы – вохши абалында тирилик кылган кара түстүү, илимсиз, магрифатсыз (окуусуз) бир калкдур. Негир деп аталат. Бу негир калкынын эр, катындары жылаңачкийимсиз жүрмөктө. Ауратларын (уят денелерин) жабуу деген жок. Лекин багзилери (кээ бирлери) арасында катындары жабат имиш. Аурат жерин. Кан, адам этин жечүүлөру да бардур.


    ♦САМ БАЛАЛАРЫ

          Асия менен Африка кытаасында (бөлүгүндө) Мисирлилер, Асурийлер, Көлданилер, Ибранилер, Яхудилер, Араблар, Амендер боладур. Буларды Сам уруусу дейт.


    ♦ЯФАС УУЛДАРЫ

          Яфас уулдары экиге бөлүнөт: Арилер, Туранилер деп. Ари дегендерибиз: Хиндилер, Иранилер, Сартлар, Афганлар, Юнанлар, Арнаутлар, Латинлер, Франсузлар, Инглизлер, Немислер, Орустар. Коом Арилер, башкача айтканда ак түстүү коом деп аталат. Азыркы замандын дөөлөттүүлөрү (мамлекеттүүлөрү) ошол уруктардан болуп атат…


    ♦Коом туранилер.

          Асия кытаасында (бөлүгүндө) болот. Кытайлар, Хинди – Кытайлар, Япондор, Финдер, Османилер, Татарлар, Кыргыздар, Казактар, Калмактар, Дунгандар- коом турания деп аталат.


    ♦ФАСЫЛ (ГЛАВА) ТҮРК УРУУЛАРЫ

          Яфастан төрт уул болуп, улуусу Түркдур. Атасы Яфас офат болор алдында улуу уулу Түрктү ордуна дайындап, кайтпас сафарга кетти. Эми Түрктүн өзүнөн баштап тогуз уулу падыша болду. Түрк ичинде тогуз калмак ошондон калды. Түрк акылдуу, адептүү адам эле. Атасынан соң көп жерди көрүп, бир жерди жактырып ошондо турду. Бул убакта ол жерди Ысык-Көл дейди. Эми ошол жерде болгон калкты Түркестанский облус демеги ошондон. Анткени, атабыз болгон Түрк атабыздын исмидур. Эми түрк уругу: Кытай, Япон, Манжур, Кашкар, Букар, Стамбол, Кырымдан тартып, мунжамид шималга (муздак түндүккө) чейин таралган.
          Ортосунда болгонубуз үчүн бизди Орто Асиялык дейт. Бу коюлган лакап аттар ошондон келет. Түрк офат болор (өлөр) алдында уулу Түтүктү өз ордуна коюп, барса келбес сафарга көчтү. Түтүк акылдуу, дөөлөттүү падыша болду. Тамакка туз татыткан сыяктуу түрк ичиндеги көп расимди (ырымды) ошол чыгарды. Эки жүз жыл өмүр сүрүп, атасынын артынан кетти. Ордуна Элчи ханды падыша кылды.
          Элчи хан көп жылдар падышалык кылып, каары келгенде каар кылды, жолдон чыккандардын азабын берди. Бу да атасы барган жолго кадам койду. Ордуна Диб-Баку хан болуп, көп жылдар падышалык дооран сүрүп, маңгүүлүк (түбөлүк) журтуна жөнөдү. Ордуна уулу Күйүк хан болуп, бир нече жыл адилдик менен өкүм жүргүзүп, фана (жалган) журтунан бакы (түбөлүк) журтуна жөнөдү. Ордуна уулу Алынча хан болуп, көп жыл падышалык кылды. Тиги азирет Нух алейсаламдын (ал киши тынчтыкта болсун) заманынан баштап, Алынча заманына чейин бардык Яфас балалары мусулман эле. Алынча заманында эл бай, калк дөөлөттүү болду. Ит семирсе ээсин кабар деген макал ошондон калган. Дөөлөткө мас болуп, кудааны унутуп, бутпарастлик (бутка чокунуу) пайда болду. Эми ошол Алынча хандан эки эгиз уул пайда болду. Татар, Монгол деген экөө эки падыша болуп, элди экиге бөлдү. Татар өзүнөн баштап, жети уулуна чейин падышалык кылды. Алардын аттары мына булар: Букахан, Яланча хан, Атсыз хан, Таттуу хан, Ордо хан, Байду хан, Суйүнүч хан. Хандык ушул заттан кетти. Алынча хандан эки эгиз уул бар деген эдик. Бири Татар, бири Монгол. Татар баяны өттү. Эми Монгол хан бир нече жыл хан болуп, ашын ашап, жашын жашап, тагдырдан бир саат кийин карап тура албай, эл бара турган жерге кадам койду. Ордуна уулу Кара хан болду. Бул заманда кудааны таанып, бир деген адам калбады. Бир нече жыл өмүр сүрүп адам колунан өлдү. Ордуна уулу Угузхан хан болду. Анасынын кардынан олуя туулду. Карахан заманында кудааны тааныган адам калмаса, Угузхан заманында кудааны таанып, бир дебеген адам калбады. Жүз он алты жыл падышалык кылып, бүтүн Асияны кол алдына каратты: Кытай, Япон, Рус, Индустан, Кашмир, Урум, Кырым, Афган, Иран, Бухар, Хива. Угуздун жыйырма төрт небереси болуп бири Кыргыз жана Казак болуп, азыр да эки жүз миң түтүн. Кыргызды араб деп айтууга да болот, ягни далаа адамы демекдур. Багзилар (кээ бирөөлөр) “кыр кезден” кыргыз деп атады. Эми бул кыргыздар эсеп жеткис бир нече урууга тараган. Маселен, бир адамдан бир нече уул болсо, ошол уулдарынын балалары ар бир атасынын аты менен аталып кетедур. Эми Кыргыз Мухаммед алейсаламдан үч миң төрт жүз жыл мурун дүнүйөгө келди. Азыр кыргыз деп аталган бардык кыргыздарды Чыңгыз хан кылычтан өткөрүп, кай бирин жесир (колго түшүрүп) кылып алып кетти. Андан бир адам качып кутулду, эки уулу менен. Өзү Кочкор менен Нарын арасында ашууда офат болду. Анын ысмы Долан эле. Ошондон Долон ашуусу аталды. Эми биздин Йажуж Мажуж дегенибиз ошол Чыңгыз хан болодур. Өткөнүнө жети жүз жыл чамалуу болот. Токсон боолу Өзүбектин бир боосу түрк уругунун бир уругу болодур.
          Эми кыргыздан Сафаршаа. Анын уулу Алхак, анын уулу Рашидилхак, анын уулу Аналхак, анын уулу Барган. Анын уулу Габырхан, Анын уулу Галдин, анын уулу Арслан, анын уулу Кылмый бий, анын уулу Шафур бий, анын уулу Тимуш бий, анын уулу Атан бий, анын уулу Синкин бий, анын уулу Сары бий, анын уулу Мурат бий, анын уулу Телгозу, анын уулу Калпак бий, анын уулу Домбал бий, анын уулу Долан бий. Бу заттын кабыры (көрү) Долон ашуусунда деген элек. Мундан эки уул: Алгул, Гул. Гулдан Чоңбагыш. Кытай кол алдында. Бир нече урукка таралган... Азгалы, Хандабас, Мачак, Кулун, Сарык, Фичне, Килит, Кутчу, Мундуз, тогуз урук...Агулдан: Адигине, (Тагай – Х.К.) эки уул. Тагайдан: Богорстон, Койлон, Кылжыр – үч уул...

          Которгон Х.Карасаев
    (КЫРГЫЗДАР.Бишкек, "Кыргызстан", 1991, түзгөн Кеңеш Жусупов)


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ