КЫРГЫЗДАРДЫН      ӨЗӨКТҮҮ      САНЖЫРАСЫ
Турдакун Султанов
(1918-2010)
         ♦Турдакун Султан уулу Кыргызстандын Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айлында 1918-жылы туулган.
         1936-жылы 5-классты бүтүргөндөн кийин 1936-1939-жылдары Каракол шаарында эки жылдык мугалимдик курсту окуп бүтүргөн. 1939-1940-жылдары мугалим болуп иштейт. Советтик Армиянын Тоолуу Туркестан "Кызыл Туу" ордендүү 150-чү аткычтар полкунун 83-дивизиясында машыгуудан өтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун башынан аягына чейин катышат.
         Согуштан кийин Каракол шаарында 3-кoмбинатта окуп эсеп кызматкери болуп иштеген. 1953-жылдан 1956-жылга чейин Каракол шаарындагы айыл-чарба мектебинен билим алган. 1956-жылдан 1984-жылга чейин "Сталин" атындагы Ысык-Көл колхозунда эмгектенип пенсияга чыккан.
         "Кыргыздардын өзөктүү санжырасын" 1955-жылдан баштап атасы - Султандын жазган санжырасына таянып, газета-журналдардан, санжыра жазылган китептерден, элдин оозеки айткандарынан чогултуп, ошолордун негизинде жазып аяктаган.

    Т    Ү   З   Ү   М   Ү

  • Черик уруусу

  • Саяк уруусу

  • Чоро менен бугунун чатагы

  • Саяк сарбагыш чатагы

  • Садыр акенин Текестен келиши

  • Садыр аке

  • 3-Черик уруусу жөнүндө баян

  • 3-Черик уруусунун таралышы

  • Ажыбек баатырдын өлүмү, ашы

  • Шабдандын балдары жөнүндө

  • Калыгул жөнүндө

  • Ормон жөнүндө баян

  • Ормондун атасы Ниязбектин өлүмү

  • Үчүкөнүн Кудаяны жөнүндө

  • Түлкүнүн уулу Тынай жөнүндө

  • Калпак (баатыр) жөнүндө

  • Аянын бакма баласы Жаныбек жөнүндө

  • Тынайдын 1-чи аялынан экинчи баласы Атаке жөнүндө

  • Уубашыдан тарагандар

  • Атакенин 2-чи аялынан Абылай баласынан тараганы

  • Карабек баласы Жантай жөнүндө

  • Баяке жөнүндө

  • Ормон чоң болгонбу, Жантай чоң болгонбу?

  • Дөөлөстүн (Дөөлөсбакты) Көкмончок деген аялынан төрөлгөн баласы Элчибек жөнүндө

  • Абдыракманов Нурактын баяны

  • Адил (Атилла) баяны

  • Каар заман

  • Мукамбет пайгамбардын өмүр баяны

  • Тарыхый очерктен

  • * * *
    СӨЗ БАШЫ                                                  (түзүмгө)

         Адам баласы жашаган доордо коомдун улуттук тарыхын изилдеп жазган окумуштуулар көп эле болуптур.
         VI кылымда түрк элинин Туумини, Шамини деген эки бир тууган көп кол менен келишип Кытайдын чегинен тартып Византияга (Греция), Персияга чейинки жерлерди, элдерди каратып алган.
         Ошол жерлердин ичинде кыргыз эли да бар экенин баяндашат.
         Кыргыздар Энисейдин боюнда жашоочу экен. Тумини 553-жылы, Шемени 576-жылы өлүптүр. Элди булардын тукумдары башкара беришкен. Түрк тилин өздөрүнө караган элге ошолор таратыптыр.
         Кытайдын окумуштуулары VI кылымдагы жазгандарында “хыгыстардын” (кыргыздардын) жери менен Энисей дарыясы агат деген сөз айтылат.
         VI-VIII кылымда кыргыздар түрктөрдүн кол астында турганда түрк тилин алышканы жана башка ушулар сыяктуу далилдер аныктап турат.
         Кыскасы – алынган маалыматка караганда кыргыз эли мурунку доордун I кылымынан берки эски эл экенин, кыргыздын мурунку жашаган жери: Энисей, Орхон дарыяларынын аралыгы, Нор көлүнүн аймагы экенин аныктады. IX кылымдын 1-жарымында уйгурлар кыргыздарды багынтууга чабуул жасашат. Күрөш 20 жылга созулат. Бирок багынта алган эмес.
         Кыргыздар 840-жылы уйгурларды жеңип, алардын Орхондогу борбор шаарын басып алышкан. Уйгурлар жеңилсе да күрөштү 847-жылга чейин уланта беришкен. Акыры жеңилгенден кийин жарымы кыргызга карап, жарымы качып Япония, Турпан аймагына кетишкен. Бийлик кыргызга өтүп, Азияда кыргыз көчмөндөрү чоң күчтүү мамлекет болуп калат.
         IX-X кылымда кыргыздар моңголду басып алган деген да маалымат бар. Буга монголдордун карыларынын оозеки айткан “Кыргыздар бизди чапкан” деген сөздөрү күбө болот.
         1495-жылы жазылган “Мажму ой таворыхте” (тарыхтар жыйнагында), кыргыз 1127-жылы “оңго”, “солго” бөлүнгөнү, алардын түпкү атасы Аналхак болгону, Аналхактан Ак уулга (оңго) чейин 20 ата, Куу уулга (солго) чейин 23 ата өткөнү, азыркы окумуштуулардын изилдөөсүндө да, биздин ата-бабаларыбыздын айтууларына караганда кыргыздын тарыхы өтө терең экенин баяндап олтурат.
         Кыргыздын тарыхын изилдеп жазган академик В.В. Бартольддун кыргыз жөнүндө жазганы башкаларга караганда өтө тагыраак, анткени биздин ата-бабалардын айткандарына жакын. Кытайдын каны Тандин династиясынын тушунда кытайлар “кыргыз” дегенди “хагас” дешкен.
         Мурунку доордун I кылымдын 2-жарымындагы болгон окуяларда “кыргыздар” деген эл айтылат.
         Элдин чыгышын, таралышын, улутун, тегин тактоо тарыхый жыйынтыкты санжыра деп айтыптыр. Санжыра деген сөз арабдардын “чежире” деген сөзү дарактын тамырын, бутактын чачырап көбөйгөнүн айткан.
         Ошол сыяктуу адамдын тукумдары көбөйөт. Бул окшоштукту санжыра деп атоого алып келген. Санжыра айтуунун максаты: улуттардын, уруулардын, бүт элдин биримдигин, ынтымагын сактоого карама-каршылыкты болтурбоого багыттап келишкен.
         Санжыра – кайсы улут, уруу, атаң, атың ким деген суроого так жооп берет. Жети атасын билбегенди “Жетесиз кул” деп айтчу экен. Айрыкча санжыраны айтуу кыргызда муундан-муунга уланып келе жаткан салт экен. Райондун аймагындагы санжыраны айткан кишилердин бири атам Кыдыралы уулу Султан болгон. Мындан жазып алып профессор Абрамзон бастырып, 1953-1954-жылы Кыргыз академиясына өткөргөн китебинде бар. Элдин чогулган жеринде суроосу боюнча санжыраны айтканын көп уктум. Кийин жазып алдым. Бирок толук эмес.
         Санжырага көңүл буруп, газетага, журналдарга басылып чыккан, айрым санжыра жөнүндөгү басылган китептерди жыйнай баштадым. Айрым оозеки санжыраны айткандарды көп уктум. Бирок баары бирдей эмес, айырмалары бар экени байкалды. Мунун себеби, учурунда так жазылган китептер болгон эместей сезилди. Оозеки айтылып, ооздон-оозго тарап калган деп ойлодум. Буларды бири-бирине салыштырып, өзүм туура го деп эсептегенди, атамдан жазып алган санжыраны толуктоо, тактоо иретинде гана болду. Жазган санжыра катасыз дегенден алысмын. Кемчилигин санжырага кызыккандары толуктаар деген ойдомун.
         Атактуу санжыра айткандардан: профессор Абрамзон, Мусалы Иманалиев жана 1994-жылы басылып чыккан көп автордун жыйнагынан, Сапарбек Закиров, Тоголок Молдо (Байымбет Абдракманов), үсөйүн ажы, Осмонаалы Сыдык уулу, Сыргак Сооронкулов, академик Бартольд, профессор Туманский, Мамырбайов Шералы, Жусуп Мамайдын, атам Султан, Жылкыбаева Жамила.
         Иманов Акештин, Умаров Турдубайдын, Акматжан Абдрасуловдун, 1978-жылы жазылган мындан (6242-жыл) мурда туулган Нух пайгамбардан тарагандыгы жөнүндө айтылгандан, Тайлак баатыр жөнүндө (№ 22 31.05.1990-жылы “Кыргызстан маданияты” газетасына чыккан) автор Жаныбек Жакыпбековдун, Шабдан баатыр жөнүндөгү китептен, Кыргыз санжыра китеби (1994-жылы басылып чыккан), Эрмек үмөтовдун (“Бишкек шамы”, 06.05.1992-жылы чыккан газеттен), 1994-жылы Жетимишбаев Календин китебинен жазуучу Асанбек Стамовдун Жайыл баатыр жөнүндөгү (25.10.2002-жыл, “Эркин Тоо” газетасынан, Стамовдун “Жортуул” романынан, Эсенгул Төрөкановдун 1995-жылы басылып чыккан 1-2-3 томдор китебинен жана “Ала-Тоо” журналына, газетке чыккандан, айрым оозеки санжыраны айткандардан угуп жүрүп, аларды салыштырып өзүм туура деп эсептегенимди жаздым.
         Мунун баары туура дегенден алысмын, көп кемчиликтер кетет, анткени учурунда толук туура жазылбай калгандыр.
         Жазылганы аз, анысы да оозеки, ыр түрүндө, айтылып, айрым жери өзгөрүп өз тарабын мактоо ирээтинде ооздон-оозго тарап кеткендери болушу мүмкүн.
         Айрым себептер менен жазылгандар жоголуп кетип, эсинде калганы кийин айтылып калгандыр.
         Азирети Адам ата, Азирети Хава энебиз 1000 жаш өмүр сүрүп, 80 уул, 80 кыздуу болуптур.
         Эки миң ата өтүп 70 миң жыл болгондо Идриске жеткен деп айтылат. Адам, Хава энеден бардык адамдар тараган деп айтылат.
         Идрис пайгамбардан (мындан мурда 6242-жыл) Нух (Нох) туулган дейт. Нух экинчи Адам атабыз болуптур. Азирет Нух топон суу жүрөрүн билип кеме (пароход) жасатып, ар бир жандуулардан бирден эркек-ургаачысынан жана өзүнүн үч баласын, үч келинин кемеге салып топон суудан сактап калган дейт.
         Адам – “жердин кыртышы” деген сөз (мааниси) .
         Лакапты – сафиюлак - “ -.
         Алла – Таала кулу - “ -.
         Адамдын кабыры – көрү - “ -.
         1. Азирет Нух атадан алганда бизге чейин 200 ата өтүп 7 миң жылга жеткен дейт.
         Нухтун: Хам, Сам, Яфас (Жапас) .
         1) Хамдан: Африка, Америка, Азия бөлүгүндөгү индустан деңиздеринин Вохши аралында жашаган жапайы кара түстүү билимсиз адамдар негир деп аталган. Айрымдары адамдын этин жешкен.
         2) Самдан: Азия, Африка бөлүгүндөгү мисирлилер, асурийлер, келденинлер, ибранилер, якутилер, арабдар, армяндар, сириялыктар, гавранилер, финдер. Башкача айтканда: Арым, Арган, Аракгат, Аштак, Габар, Барак, Шалык. 7 баласы болгон деп айтылат.
         Барактан: Азар, Азардан Ибрагим пайгамбар. Мындан: Искак, Смагул.
         Искактан: Табиги, Түрк, Калдар.
         Смагулдан: бүт араб эли тараган.
         Табигиден: Махала, Кассак, Масагат, Сак.
         Түрктөн: бүт Искактын тукуму тараган.
         Сактан: Аксара, Хамит – 3550-жылы туулган дейт.
         3) Яфастын (Жапас) 1-аялы – Тураниядан: Япон, Кытай, Индия –Кытайлар, Финдер, Османилер, Татарлар, Калмактар, Дунгандар. 2-аялы – Арийден: Индилер, Иранилер, Сарттар, Афгандар, Гонанлар, Арнавуттар, Латындар, Француздар, Англичан, Немецтер, Орустар. Булар ак түстүү, азыркы замандын дөөлөттүүлөрү Арилер коому деп аталат.
         Яфастын 8 баласы болуп улуусу – Түрк. Яфас өлгөндө Түрк падышасы болду. Ысык-Көлдө жашап турган.
         Түрк уругу: Кытай, Япон, Манжурия, Кашкар, Бухара, Стамбул, Кырымдан түндүккө чейин таралган ортосунда жашаган үчүн бизди Орто Азиялык дейт. Түрк өзүнөн баштап 9-баласына чейин падыша болгон деп айтылат. Түрк ичинде “9 калмак” деген сөз ошондон калган дейт. Кан болгон балдары: Түтөк, Элчикан, Див-бак, Абыр, Сабыр, Авас, Хасар, Айнуру.
         Мындан 5260 жыл мурун дүйнөгө келген Муса пайгамбар “Мурат” деген дин китебин жазган. 4800 жыл мурун туулган Даут пайгамбар “Забур” дин китебин жазып тараткан деп айтылат. 3550-жылы Хамит туулган. 2300-жылы Абулкайыр туулган.
         Дүйнө жаралгандан бери 5508 жыл болгондо Иса төрөлүптүр.
    Ошондон баштап кайра жыл эсеби башталып келе жатат. Иса чоңоюп, жетилип, пайгамбар болгондо “Дин крестиян” китебин жазган деп айтылат.
         Хамит Стр.8
         Түтөк акылдуу падыша болуп Түрк элине көп жаңылыкты, ырымды жаратып 200 жыл өмүр сүрүп өлгөн. Ордуна Элчикан, бул өлгөндө ордуна Див-бак, мунун ордуна баласы – Күйүк – баласы Аланчакан болду.
         Азирети Нухтан Аланчаканга чейин мусулман жакшы эл болгон. Аланча хандан кийин эли байып бузулуп, кудайды унутуп бутка чокунуп, эли каапыр болду.
         Аланчадан:
         1) Татар                        2) Могол (Магул) эгиз
         Экөө тең падыша болуп элди экиге бөлгөн.
         Аланчадан: Татар, Могол Стр.9
         Каракандын баласы Абастын аялы кыркнөкөр кыздар менен кырда сейилдеп жүргөн жерде төрөгөн үчүн баласынын атын кыргыз деп койгон. Ошондон кыргыз 40 кыздан дегени ушундан го деп ойлоймун.
         Кыргыздын атасы Тачынкан, чоң атасы – Угузкан, бабасы – Каракан, жотосу – Магулкан, кубары – Эленчекан, кынтыгы – Кийиккан, кыштыгы – Бакыкан, аркы атасы – Айылчыкан.

    Таблица 2.

         Эскертүү: Угузкандын небереси кимиси кайсы балдарынан экени белгисиз төмөнкү балдары:
         Кенекуне, Турбытлы, Керейли, Султаналы, Окту, Көкөлдү, Чачтуу, Карасанлы, Жорунчу, Жанчы, Туранчы, Колсуркы, Саркы же Саруу дешет. Каракчы, Казукурт, Теке, Лала, Мардашул, Сайыр – 18.
         Таганкандан: Кыргыз, Салоор, Имрал, Киман. Сафаршаа деп да айтылып жүрөт.
         Тагынкан өз ордуна Кыргызды кан койгон. Кыргыз – Сафаршаа (“шаа” – хан дегенди билдирет) – Алхан – Рашидилхан – Аналхан – Барган – Гавыркан – Галкан – Арслан – Кылмыйбий – Шафурбий – Тумушбий – Атанбий – Сенкинбий – Сарыбий – Муратбий – Телкозу – Калпакбий – Донболбий – Долонбий.
         Кандык кылган Кыргыздын уулу 19га жетиптир. Кыргыздан Тагайга чейин – 50 ата өткөн, биздин күнгө – 66 атага жеткен деп айтылат.

         2. Кызчородон – Атанбий – Шокарбий – Саменбий – Сарыбий – Телкозу – Думбулбийден:
         Думбулбийден Стр.12
         Угуз жөнүндө баян: бул бала төрөлгөн күндөн тартып 3 күн-түнү энесинин эмчегин эмбеди. Ар күнү бала энесинин түшүнө кирип: “Эне мусулман болсоң эмемин, эгер болбосоң өлсөм да эмчегиңди эмбейм”, - дейт. Энеси баласын кыя албай макул болду. Баласы эмчегин эмди. Энеси бул түшүндө мусулман болуп Теңирдин бирлигине ыйман келтиргенин кишиге айткан жок.
         Ал кездеги Магул элинин расымы боюнча бала бир жашка жеткиче ага ат коюшчу эмес. Уул 1 жашка жеткенде Каракан той берип, эли келип: “Балабыз 1 жашка чыкты, эми атын коюп бергиле”, -деп бектерине айтты. Бектери жооп берээрден мурун балага кайыптан тил келип: “Атым Угуз, наамым Хысыр билинер”, - дейт. Тойго келген элдер таң калышты. Эстүү адамдары бул бала өз атын өзү айтып жатат дешип атын Угуз коюшту да, бу узак өмүрлүү, дөөлөттүү, уучу узарган бала болсун деп батасын беришти. Угуздун тили чыккандан “Алла-Алла” деп дайым айтаар эле (Алла араб тили). Угузду кудай “олуя” жаратты деп эл айтчу. Угуз жигит болгондо Каракан өз иниси өзкандын кызын алып берди. Угуз киши жокто кызга айтты: “Аалым (акыл, илим, аруу, дил) бизди жараткандар, анын аты. Алла болоор, аны билгин”, - деди, аны кыз кабыл албады. Ошол замат туруп башка жатты. Бир жүрсө да сүйлөшпөдү. Бир нече күндөр өткөндө Караканга айтышты: “Уулуңуз сүйбөгөндөй бирге жатпай жүрүшөт” .
         Каракан бул сөздү угуп дагы иниси Көркандын кызын алып берет. Угуз ага да ыйман арызы кылды. Ал кыз да кабыл албады. Аны менен да бир жерде жатпады. Бул окуядан кийин көп жылдар өткөн соң Угуз ууга чыгып, кайра келе жатып суунун жээгинде бир нече аялдар кир жууп турганын көрдү. Атасынын иниси Көзкандын кызы да булардын арасында бар экен. Кызды бөлүп чакырып ант айтты: “Атам мага эки кыз алып берди. Аларды сүйбөгөнүмдүн себеби – мен мусулман, алар каапыр, ар дайым мусулман бол дедим, кабыл алышпады. Эгерде сен мусулман болсоң, сени алаар элем”, - деди. Анда кыз: “Сен не болсоң, мен ошол жолдо болоюн”, - деди.
         Каракан Көзкандын кызын алып берди. Кыз мусулман болду. Угуз аны менен баш кошту. Көп жыл өттү. Бир күнү Угуз ыраак жерге ууга кетти. Каракан аялынан сурады: “Угуз мурунку эки аялын сүйбөй, кийинки аялын сүйгөн себеби эмнеден”, - деп. Аялы: “Мен билбейм, келиндер билээр”, - деди. Хан келиндерден сураса, улуу келини айтты: “Уулуңуз мусулман болду”, - деп. Ошондо Каракан бектерин чакырып алып кеңешти. Угузду ууда жүргөндө өлтүрмөк болушту. Каракан элине киши жиберди, тез келишсин, ууга чыгамын деп. Бул сөздү Угуздун кичи аялы угуп киши жиберди. “Атам мени кол алып өлтүргөнү келет. Мен дегениң мага кел, атам дегениң атама бар”, - деди. Элдин көбү Караканга барды, азы Угузга барды. Каракандын инилеринин көп балдары бар эле. Алардын баарысы Угузга келишти. Угуз аларга уйгур деп ат койду. Уйгур – түрк тили, мааниси “жабышкыр” (айран уюду, клейче жабышты, уйгак жабышты). Каракан менен Угуздун колу (кишилери) урушту. Кудай таала Угузду Чалып кылды (жеңишке жеткирди). Каракан качты, урушта башына ок тийип өлдү. Угуз атасынын тагына олтурду.
         Угузкан элин даарат алдырды. Мусулман болгондорун сыйлады, болбогондорун өлтүрттү. Качып кутулгандары Татар ханына барышты. Угузкан Татарханды, Кытайды, Чурчутту, Тангутту (Тажикти), Кара Кытайды басып алды. Кытайдан ары деңиз жээгинде, тоо арасында көп элдер болгон. Анын падышасы Итбарак менен урушуп, андан жеңилип Угузкан качып эки чоң дарыянын ортосуна барып колун жыйнады. Ал кезде узакка жолго чыккан хандар, фазирлери, жигиттери, колбашчылары, айрым кишилери үй-бүлөсүн кошо алып жүрүшчү. Ушул согушта Угузкандын бир жигити аялын кошо ала келе жатып өзү урушта өлүп, аялы качып кутулуп, хандын эли менен кошо суунун аралында турган кезде толготуп, үй жок, чириген жыгачтын ичинде уул төрөдү деп ханга айтышты. Хан: “Мунун атасы согушта өлдү, жардам берээр кишиси жок”, - деп атын Кыпчак койду. Ошол убакта түрк тилинде ичи кууш же ичи чирип көңдөй болгон жыгачты “чыпчак” дешчү экен, ошондуктан ал баланын атын жыгач ичинде туулгандыгы үчүн Кыпчак деп коюшкан. Ал баланы хан өзү тарбиялап, чоңойгондо Кыпчакка көп нөкөр берип Дунай, Эдил (Волга) дарыянын боюндагы элди башкарууга жиберди. Ошол элде 30 жылча падыша болду Кыпчак, эли анын насибинен.
         Угузгандын заманынан Чынгызкандын заманына чейин Тын (Дунай), Эдил (Волга) дарыялардын боюнда Кыпчактан башка эл жок эле. 400 жылча турушту. Ошон үчүн ал жерлерди Дашт-Кыпчак дейт. Угузган 17 жылдан кийин Итбарак менен урушуп, аны жеңип, Итбаракты өлтүрүп, элинин мусулман болгонун калтырып, болбогонун өлтүрүп (асир), туткун кылып баш ийдирген дейт.
         Угузкан Азия бөлүгүнөн: Кытай, Япония, Индистан, Иран, Авган, Хива, Бухара, Кашпир, Урум, Крым, Орус элинин жерин караткан.
         Угузгандын заманында кудааны тааныбаган адамдар калбады, бүт мусулман болгон дейт. Элдин атын которгон уруктан негизинен Уйгур, Кангылы, Кыпчак, Калач, Карлык болгон дейт. Кыпчак эли Эдил жайык суусунун аралында турушкан. Кангылы эли Түркмөн менен аралаш жашап турушкан.

         АСААСУЛ ИСЛАМ (ЫЙМАН КИТЕБИНЕН)                                                  (түзүмгө)
         Мухаммад Алейхиссаламдын ата бабалары:
         Мухамад – Абдуллауулу, Абдулла – Абдулмут Талиб уулу, Абдулмут Талиб – Хаамиш уулу, Хамиш – Абдуманаф уулу

    Таблица 3.

         Ошол мезгилде татар элинин падышасы Сүйүнчүкан болгон. Элкан менен көп жылы урушуп, акыры Сүйүнкан жеңип, могул элин талкалап, жаштарын (беңде) олжого алып, кул, күң кылган. Сүйүнчүкан падыша болуп, элди башкарып калды. Элкандын элинен согушта качып кутулгандары ар кайсы элдин ичине тарап кетишти. Элкандын кенже баласы Кыяан, инисинин баласы Ногуз экөө жашташ болгон. Экөө тең Кедхуда (айыл башы, журт ээси) болгон экен. Ушул согушта 1 кошунга Кыяан, Ногуз экөө бирге колго түшкөн. 10 күндөн кийин экөө качып чыгып, үй-бүлөсүнүн, элинин калганын ээрчитип, малын айдап, киши жашабаган ээн тоого барып, тоонун кеңири жеринен орун алышкан. Ал жерди Эргенекон деп ат коюшкан (Эргене – тоонун кемери, кон – тынч) деген мааниде. Кышында эт жеп, жайкысын сүт ичип, малдын терисинен кийим кийип 400 жыл жашаган.
    Тукумдары көбөйгөндө Кыяан овладына (тукумуна, уулдарына) Кыят деп ат коюшкан (Кыяан – сел деген маанини берет). Ногуз овладына ногуздор же дорлугун деп аташкан. Кыяан Ногуз экөө Эргенекон тоосунда турганда балдары көп болуп, өз-өзүнчө ата-урууга бөлүнүп, Кыят Дорлугун аты жоголгон. Эли-малы көбөйгөндө, бул жерге батпаганда өз ата-журтуна кетели дешип жол издеп, жол болбогон соң 1 темир уста кишиси бул темир кени бар тоонун жука жерин эритип, жол ачалы дешип, эли отун-көмүрдү катарлап үйүп, 70 жерине коорук коюп, от жагып коорукту басканда от күйүп, темир эрип агып, төө өткүдөй жол ачылып, баары тоонун ичинен чыгат. Бул убакта элине Бордочоно башчы экен. Биз баратабыз деп мурунку ата-журт элине киши жиберип, кабар беришет. Кыяан Насиле Курлас уруусунан эле. Булардын келгенин кээ бири кааласа, татар эли жаман көрүп жоо болду. Бордочоно менен Татар урушуп, Бордочоно жеңип кандыкты алып, ата-журтуна отурду.
         Ошол жердеги баардык элди башкарып көп жыл турду. Могул Насилинен болгон уруктар: Меркит элине баш болгон Токтобек эле. Бир кезде Чынгызканга жоо болуп, үйүн талап, аялын олжолоп алып кайра берген. Кыяан Насилинен 1 кишинин балдары: Жорулук мерген, Кабайшыра, Тосподой. Жорулук мергенден – Конурат эли таралган. Кабайшырадан: Анырас, Алгатут эли таралат. Чынгызкандын энеси – Олон Алгатут уругунан эле. Тосподойдон: Каратуд, Конкаут (Конгайты). Конкауттан: Муратай, андан Курлас, Ормат. Бул жогорудагы балдардан таралгандагы өз-өзүнчө уруу, эл болушкан.
         Ормат уругунан бирөөнөн – Конкамар (кон – чоң, камар - мурун), чоң мурун деген маанини берет. Конкамардан таралган эл бул убакта Камар уулубуз деп айтышат. Конкамардан: Менгиликайчеке (могул эли атаны – айчеке дейт). Чынгызхандын атасы Эсегей киши өлгөндө, анын аялын Менгиликайчеке алган. Менгиликайчекенин 1-аялынан: 1. Кокчо (эл теңир бети дешкен); 2. Арлат (арулат) ата-энеге күйүмдүү болгон; 3. Килкит (тили келегей) болгон. Килкиттен: Бадлай, Кышлык. Булардан өзүнчө эл таралган. Негизи могул уругунан тараган: Нышан, Уйшун, Салдус эли. Йелдирун эли Салдус элинен тараган Килип эли могулдун бир уругунан тараган. Дорбон эли могулдун Бычын, Кыян аттуу падышадан Качымерген уулу болгон.
    Кулаут, Баргут, Оклан, Баяут, Жалайыр элдери негизинен могул Долугун уругунан тараган. Могулдун Ман деген жеринде жашаган Жалайыр элин кытайдын көп колу келип басып алып, олжолоп кеткен. Чабуулдан качып кутулгандар ачка болуп (Чынгызхандын 7чи атасы Дутымындын 9 баласы болгон. Улуу баласы Кайдуу хандын жеринен пияз казып жегенин көрүп Кайдухан ачка элди кууп чыкканда ач эл чогулуп Дутымындын жети баласын жана көп кишисин өлтүргөн. Могул элинин Кыяан, Ногуздан таралган эл Эркекондон чыкканда падышасы Борточоно болгон. Борточоно өлгөндө уулу Касыдал падыша болгон. Ал өлгөндө уулу Быжынкыйан, ал өлгөндө уулу Тумак падыша болгон. Ал өлгөндө уулу Кычымерген падыша болгон. Ал өлгөндө Кожомбура падыша болгон. Ал өлгөндө уулу Бөкөбандун падыша болгон. Ал өлгөндө уулу Самсуучу падыша болгон. Ал өлгөндө уулу Калмачу падыша болгон. Ал өлгөндө уулу Темирташ падыша болгон. Ал өлгөндө уулу Менгилкожо падыша болгон. Ал өлгөндө уулу Жылдыз падыша болгон. Ал өлгөндө небереси Дайынбаян падыша болгон. Ал өлгөндөн кийин анын аялы – Алангу падыша болгон.
         Эскертүү: Жылдыздын эки баласы болуп, ал балдары үйлөнгөндөн кийин кайтыш болуп, алардан бирден балдар калган. 1-улуу баласынан Дайынбаян – эркек, 2-кичүү баласынан Алангу – кыз. Буйрук менен Дайынбаян Алангуга үйлөнгөн. Дайынбаяндан: 1 - Билгетай – 7 жашында, 2 – Бекчетай 6 жашында жетим калышкан. Дайынбаян 30 жашка жетпей өлгөн дейт...

         Алангунун баяны: Алангу кедхудасы (күйөөсү) Дайынбаян өлгөн соң, элинен айрым кишилери мага тийгин дешкенде – эрге барбаймын, балдарым чоңойгончо элге өзүм баш болуп, анан балдарыма тапшырамын деди. Бир нече жылдар өттү. Бир күнү уктап түн жарымында ойгонсо, түндүктөн бир жарык келип, үйүнүн ичине түштү. Алангу коркту, кыйкырса үнү чыкпады, тура албады, жанындагы аялды ойгото албады. Түндүктөн түшкөн киши жылып жанына келди. Жанына бир аз жатып, кайра түндүктөн чыгып кетти. Буга эл ишенбейт деп элге айтпады. Түндүктөн түшкөн киши күндө келип-кетип жүрдү. Алангу кош бойлуу болду. 4-5 айлык болгондо туугандары чогулуп келип себебин сурады. Алангу көргөнүн айтты жана мага эр керек болсо мурда эле барат элем, өзүм жесир болсом, элге падыша болуп турсам, элимди, балдарымды уят кылбайт элем. Бир нече күнү үйүмдү кайтаргыла, кудай таала мени уят кылбайын десе бир сыр көрсөтөр, эгер төрөсөм расымы кишиге окшобос. Ошондо билесиңер деди. Ошондон тартып күндө үйүн кайтарып калышты. Бир күнү таңзаарынан түндүктөн үйдүн ичине күндөй жарык берген бир нерсе асмандан пайда болуп, ал жарык келип Алангунун түндүгүнөн үйдүн ичине кирди. Бир маалда кайтып чыгып кеткенин кайтарган эл көрдү. Келгенин, кеткенин көргөн менен киши сүрөтүнө окшото алышпады.
         Ушундан Алангундун айтканы чындык болду. Акыры: Алангу (Кыйан насилинен Курлас уругунан) эрсиз үч уул төрөдү. Бул балдардын баяны: 1- Бугун катаган (катаган эли ушундан), 2 – Бусак жалчы (жал жут эли ушундан). 3 – Буданчар (буудан чаар). Бул кийин кан болду.
         Чынгызхан жана Магулдун көп уруктары анын насилинен болот. Бул үч уулдан болгон элдин баарын Арбун бурун дешти (нурдан болду дегени). Магул калкынын айтымында Буудан чаардан: Токо, Томо. Бууданчаар өлгөн соң Токо кан болду. Токодон Дутумын. Токо өлгөндө Дутумын кан болду. Дутумындан: 9 баласы болуп, согушта 7 баласын жана көп кишилерин Жалайыр эли өлтүрдү. Дутумындын улуу баласы Кайдухан атасы өлгөндө ордуна хан болду. Кайдухандан: Байшумкар, Кармаланкум, Жаачансажут – эркин элинин насили болгон. Кармаланкумдан: Йабжут эли таралган. 2-Муркудкучанадан: Маманкай хан, анын уулу Кудантайшы, анын уулу – Арал, анын уулу – Баргунай (кырылдак). Йабжут элине баш болуп Чынгызхан менен көп урушкан эле.
         Кайдухан өлгөн соң уулу Кармаланкум өгөй энесин алган. Андан: Кондучоно, Олчигинчоно (эркек бөрү, ургаачы бөрү дегени). Булардын балдары көп болгондуктан чонон дешти. Бара-бара Нокус деп да аташты. Мурдакы Нокуздон башка. Кийин Байшумкар хан болду. Адилеттүү падыша болуп, көп жерди басып алып көп жылы падыша болуп уулу Түмөндү өз ордуна падыша коюп кетти. Ал да көп жылы падыша болуп өттү.
         Түмөндөн: Жаксу, Жарымшыр, Туманчы, Мажулу, Самгачун, Кабыл, Удурбайан, Болчур, Дуглан (аксак, Магул эли аксакты – дуглан дейт). Жанай-барча сот уругу ушундан болгон. Балдарынын эң кенжесин магул отчигин же (от жээги – же от ээси, же үй ээси деген мааниде) .
         Кабыл, Качулу эгиз. Баары баласы болгон. Жаксудан: Букакын (Ботокан). Орот, Манкый. Булардан үч урук эл болду. Жарымшыртуманчы – өзүнчө урук эл болгон. Мажылудан: Эгинчи, Барластан таралгандар өзүнчө урук эл болгон. Кабыл балдарынан Чынгызхан дагы таралган. Удурбайдан: Куйум уругу тараган. Калган балдарында да көп бала болгон. Түмөнхан өлгөндө уулу Кабыл хан болгон. Кабылхандан Окунбаргак, Бартан, Бакдур, Кутуктумонгу, Казанбакадур, Кунлаган, Буданкыят (кыят мааниси – күчтүү, ылдам дегени). Эргенекон ичиндеги кыян урууларын кыят дешти. Кабылхан өлүп уулу Бартан кан болду. Андан: Мундай, Бокон, Тайыш, Эсегей, Бакадур, Дорсукиболай. Мындан тараганды да кыят дешти. Бартанкан өлгөндөн кийин Эсегей баатыр кан болгон.
         Эсегейден: Темирчын (өз аты), Темучин (Чынгызхан –жеңилбесхан), Жуучу-кысар (жуучу – мейман, кысар – жырткыч) деген мааниде, Качун, Темирки, Билгитай (от жээги, же эң кенжеси атасынын үйүнө ээлик, үйдүн ээси деген мааниде). Эсегейдин балдарынын өңү көпчүлүгү ак-сары, көздөрү ачкыл болду. Магул – акчылды буржыгын деген. Ал үчүн Эсегейдин насилин буржыгын кыят дешти. Алангу айткан келип жүргөн кишинин өңү ак-сары, көздөрү буржыгын дегендин жышааны тогузунчу ата өткөндө маалым болду.
    Кыргыздар көп урууга тарап, элин Чынгызхан кылычтан өткөрүп кыйнап турган мезгилде, андан эки баласы менен Долон качып кутулган дейт. Долон өзү Кочкор менен Нарындын ортосунда ашууда опат болот. Ошондон Долон ашуусу аталган деп айтылат. Айтылган санжырага караганда Долонго чейин уруулардын таралышы өтө аз, толук эмес. Көпчүлүгү Долонбийден беркисин таратып жатышат. Мында да чаташкан жерлери көп кездешүүдө. Осмоналы Сыдык уулу айтканы боюнча Кыргыздан: Сапарша (шаа – хан дегени). Сапаршаадан: Алхак, андан Рашидилхак, андан Аналхак (бул аттар араптар менен аралаш турганда коюлган). Камбархан, андан Пышакхан, андан Аргункан, андан Алжан, андан Арыстанхан, андан Байчоро, Жанчоро, Карачоро. Байчородон: улуу жүз казагы, Чомомбай. Жанчородон: орто жүз казагы. Карачородон: кичи жүз казагы таралган.
         Чомомбайдан: Кийикбай, андан Тобу, андан Майкы, Коогам, Кыйылдыр, Микраил. Майкыдан: Албан, Субан, Доолот, Кымыр, Ботбай, Жаныш, Чапырашты, Калыгул, Кыргыз. Кыйылдардан: кырк жүз казактары. Микраилден: миң жүз казактары таралган дейт. Коогамдан: Бараткан, андан Габырхан, андан Галидин, андан Арслан, андан Кылмыйбий, андан Шафурбий, андан Темишбий, андан Арстанбий, андан Атанбий, андан Шүкүрбий, андан Сенкимбий, андан Сарыбий, андан Муратай, андан Телкозу, андан Калмак, андан Домбулбий, андан Долонбий, андан Агуул, Куу уул (Абыл, Кабыл) .
         Оолжумадан: Токтоке, Саспак. Кутулмуштан: Карамыкчы, Сарымыкчы. Сарымыкчыдан: Сарымолдо. Танатардан: Куттук, Кечмелик. Куттуктан: Шанияз. Кечмеликтен: Түлкү. Мындан: Масай. Атасары тукуму аз эл, Ошто турушат. Танатардан: таралгандары Чыракта, Улан, Энтери, Ажыбек, Карабек тукуму Шалба, Жонбулак, Ичке-Булуңда турушат. Карамыкчы, Сарымыкчы, Саспак тукуму Ак-Кочкордо турушат. Чырактан: Таштемир. Мындан: Мамаян. Мындан Долодияр. Мындан: Меңдик. Мындан: Кочкорбай. Кочкорбайдан: Жамгырчы, Олжобай, Эсен. Конурат эли негизинен доолос, кытай, бугу эли менен коңшу жашаган.
         Башка жерлерде да бар. Буга байланучтуу черик-бостон уруусу. Чертике уруусу. Чертикеден: Бокон. Бокондон: Кожо, мындан: Миярбай, мындан: Сарыкалпак, Сазай, Карамойун, Чаке. Сарыкалпактан: Кызбообек, мындан: Атай, Сатай. Сатайдан: Байзакажы. Карамойундан: Кочокоз. Мындан: Токо, Кожо. Чакеден: Байназар. Чертике уруусу негизинен Кылжырдын баласы Дөөлөстүн букарасы катары эсептелип сарбагыш эли ичинде жашайт. Булар аз эл. Акын Калмырза ушул уруудан. Болжолдо 1866-1916-жылдарда жашаган.

         АДИГИНЕ УРУУСУ                                                  (түзүмгө)
         Адигинеден: Бөрү, Бектен, Баргы, Сартбай, Жору, Оргу, Тооке, Сарт, Монок. Бөрүдөн: Кудайкул, Дөөлөт, Сатар, Казак, Таранчы, Каражылкы, Тээз, Каракучкач. Булардан таралгандар бөрү уулу деп аталып калган. Бектенден: Карабагыш, Токтогон, Баарын, Сырт. Баргыдан: Кудайберген, Кокчо, Бакал, Олжоке. Сартпайдан таралгандар өзүнчө сартпай уулу деп аталып калган. Жорудан: Ардай, Каракунас, Тенизбай, Тасма. Оргудан: Абад, Бектен, Бөрү, Сарт. Карабагыштан: Назаркул, Баштык, Досмат, Жаныбек, Жанай, Мырзаке, Ашымкул, Чаарбаш, Шайбек, Козу, Олжобай, Жообасар, Шүкүр, Калматай, Төлөк. Булар үч аялдан 15 баланын тукуму Бектен уруусу деп аталбастан карабагыш уруусу деп аталып кеткен. Баргынын баласы Кудайбергенден: Апалатай (Апалтай), Мангытай, Кокой. Апалтайдан: Сарыбаргы (Сарыбаргы уруусу чыкты). Сарыбаргыдан Торойчу, Токтош, Жаанбай, Мансур, Тарчы. Тарчынын өзүнөн таралгандар баргы уруусун түзүп калды. Мөнөктөн: Нартайлак, Акбуура. Нартайлактан: Асылбаш уругу тарайт. Акбуура тукуму Акбуура уругу аталып калды. Бектенден Токтогон деген баласынан Шалта уругу пайда болгон дейт. Адигиненин Сартпай деген баласынан: сарттар андан: Болот. Болоттон: Конурбай, уулу деп аталган Кабылан. Андан: Катаган, андан Катаган уулу деп аталган Туктуу курт, андан: Туукачар уулу деп аталгандар. Кузугун уруусу деп аталган, Оштун уруусу деп аталган, Жекен уруусу деп аталган Адигине элине бир уйгур булгаары жасап сатып жүрүп Булгаарычы атыгып, элине кетпей кыргыздын кызына үйлөнүп балалуу болуп туруп калат. Булгаарычыдан: Кангы, Тейит, Жоокесек, Кызыл аяк, Кыдырма, Бостон, Кесек, Найман, Нойгут. Булардан таралган эл ар кайсы элдин ичинде. Мисалы: тейиттин тукуму Жети-өгүз району Чычкан айылында бар. Адигиненин күңүнөн Муңгуштан: Жагакмай, Коштамга, Кадоочу (түштүктө). Чериктен – Бостон, Бекназар. Мындан: Акчубак, Байчубак, Дубан-Черик, Кара-Черик, Молдо-Черик. Илгери атчабышта чериктер өзүлөрүнүн аттарын “таманактап” ураан чакырышкан. “Аткулагы шак-шак, ай да күлүк таманак, күн кулагы шак-шак, күндө күлүк таманак”, - деп ат сүрөшкөн. Черик-Бостон элинин көпчүлүгү Аксы, үч-Турпанда, Ат-Башыда, Жети-өгүз районунда да бар деп айтылат. Карачорону ээрчип келген азык, саяк, черик. Булар өзүнчө наамы экенин таманак аттуу тайгандын ордуна (кунуна) келген балага Черикбостон деп аты калган. Черикбостондун бостону айтылбай калып Черик Карачорону ээрчип келген черик менен аралашып калган. Муну толук ажыратып айткандар азыр жок. Негизинен черик, черикбостон экөө тең бакма (тондуу) кул эсебиндеги бала.
         Адигине болжолдо 1590-жылдарда жашаган деп айтылат.
         Наймандан: Баторгой, Бабуй, Буйур. Буйурдун бир тобу Ысык-Көлдүн Таштак айылында турат. Баргы уруусунан Алымбек датканын балдары: Абдылдабек, Маамытбек, Баатырбек, Асанбек, Камчыбек. Абдылдабектен: Мурзапаяс. Камчыбектен: Пайзулла. Бөрүнүн баласы Кудайкулдан: Кожеке, Алыке, Атаке, Балаке, Байыш, Балбай. Кожокеден: Бөлөксарт, Карабагыш, Калакбаш, Байыш. Алыкеден: Чот, Акчубак. Балакеден: Атантай, Буйлабөрү, Каражылкы. Байыштан: Бакы, Моку, Жайчы, Бакчы, Көкшыйрак. Балбайдан: Жукту. Чоттон: Каракучкач, Адий. Кудакеден: Казак, Тору, Тейиш. Казактан: Сагындык, Майтаран, Байжан. Торудан: Тойчу. Жуктуудан: Арыш, Чорош, Макообаш, Мамбет, Кочкор, Былык. Булар Жуктуу уруусу Карабөрү деп айтылат. Баргынын баласы Манкытайдан: Карабаргы, Тазбаргы (Калкамат). Карабаргыдан: Ардай, Бешей, Тантык, Каракожо, Койсары, Жалчыман. Ардайдан: Саты. Каракозудан: Акды, Токту, Кенжебай, Кармыш. Кенжебайдан: Эшим, Коной. Тазбаргы (Калкаматтан): Шалтак, Алаке. Шалтактан: Калматай, Жолдо. Алакеден: Каманчы. Калматайдан: Торул, Кочкор, Кудаяр, Иткүчүк. Каманчыдан: Көкчаар, Актерек, Эрмек, Алай. Жолдодон: Байшүкүр, Сарыбек, Солто, Төлөк, Чарык, Торор. Баардыгын үчбаргы деп аташат. Карабагыштын баласы Мурзакеден: Бокой, Сабай, Тооке. Бөкөйдөн: Боочок, Бакай. Боочоктон: Олжоке, Кокчо, Тилеке, Жаргырчы. Олжокеден: Кочок, Чынбагыш. Кочоктон: Бегиш. Чынбагыштан: Жакып, Майнан. Жакыптан: Муса, Шербек, Шады, Алтыке, Карауулу, Майындан: Карылар, Шермат, Бешберен. Кокчодон: Алдаяр, Мендеке, Туутамай, Торук, Балак. Туматайдан Эшим. Торуктан: Алыбек. Балактан: Акбото. Тилекеден: Арык, Тарыкчы, Ажыбек, Черикчи, Асан, Алтыбай, Шамырза, Иткучук, жамгырчы. Ажыбектен Качыбек. Асандан: Бегилер. Иткүчүктөн: Бакы. Жамгырчыдан: Калдай. Бакайдан: Бешмурат. Мындан Мендеке, Кожояр, Чагыл, Каракучук, Жарыке, Калмырза. Мендекеден (беш куртка): Келдике. Кожоярдан: Тору, Тайлак, Кедей. Сабайдан: Кошкулак, Сабай, Мурат, Калча, Маркаш, Атабак. Тоокеден: Алдар, Кучкач. Алдардан: Шеке, Сарыке, Кырнайза. Чедекен: Жаманкыз, Кампир, Толобай. Сарыкеден: Кашкар, Мамбет, Толубай. Кырнайзадан: Сүйөр,Темир. Кучкачтан: Элике, Мамыт, Добот. Эликеден: Эшей, Асантай, Жыртак. Маамыттан: Карчажору, Белек, Арсаке. Доботтон: Доолбек, Жоошбай. Баргынын Сансыз баласынан Ардай, Монок. Ардайдан: Асылбаш. Мындан: асан, мындан Сапай, мындан Койсары, Тактагар. Койсарыдан: Койкоң, андан Сартеке, Сакен. Тактагардан: Доскулу, андан Токо, андан Кудайменде, Кочок, Дорбобаш, Кенже, Менсейит. Кудайменден: Жолой. Кенжеден: Чортон, Чиркей, Каракуш, Кубат. Темиржандан: Катаке, Кумар. Менсейиттен: Түлөке. Акбуурадан: Чечечабар, Карасакал. Мындан Көчөк, Атабар, Саты, Анжылчы. Карабагыштын баласы Жаныбектен: Жаман, Койчу, Атамкул, Колу, Боруш, Сабай, Бактыбай, Чаарбаш, Калматай, Байыш. Калматайдан: Итий, Чукуйрук. Назаркулдан: Эсен, Досмат, Жанай, Жообасар, Алсейит, Мураке, Шукур, Чакчай. Райымкул (Акэчки). Эсенден: Шерип, Момун. Шериптен: Баштык. Момундан: Айдос.

         Адигине уруусуна кошумча.
    .      Адигиненин – Бөрү, Баргы, Жору, Жолжакшы, Карабагыш, Сарт, Бакал, Тасма, Мырзааке, Алсейит, Жапай, Теңишбай, Бостон, Досмат, Райымкул, Баштык. Булар өзгөн, Совет айылында турушат.
         Акбаргыдан Алымбек датка, Карабаргыдан: Эши. Анда: Токто, Токтулу, Кармыш. Баргыдан – Кудайберген. Мындан: Апалтай, Бөкөй, Маңгытай. Апалтайдан – Сарыбаркы. Мындан: Мансур, Жаанбай, Торойчу.
         Адигиненин – Сансыздан – Мөнөк (Багыш). Мындан Карабагыш, Жылаңач. Карабагыш (Беки) 3 аял алып, алардан: Назаркул, Баштык, Досмат, Олжобай, Жаныбек, Жообасар, Жапай, Шүкүр, Калматай, Мырзааке, Ашымкул, Төлөк, Чаарбаш, Шайбек, Аккочкор, Ормотой... 18 уулу болгон дейт.
         Мырзакеси – өзгөндүн Карадарыясынан канал каздырып, эски Куршаптын аймагына суу келтирген. Ушул күнгө чейин Мырзаке каналы деп айтылып жүрөт дешет.
         Адигиненин Жорусу - 1-аялынан – Ачажору, Айжору. 2-аялынан – Бешкепе жору, Шарттык жору. Буларга коюлган аттарынын мааниси:

         1) балдарына энчиге берген малына 1 баласына “ача”, 2-баласынын малына “ай” тамга салынган. Ушундан Ачажору, Айжору деп айтылып калган дешет. 2) Жору өлгөндөн кийин 2-аялы батышпай эки баласы менен өзбекстанга Төпөкоргондун Жаркыштак айылына көчүп кетип жашап калышкан. Айрым балдары Алайдын Шарттык деген жеринде жашап калгандарын шарттык жору.
         Булар Алайдын үчтөпө, Күлчө аймагында илгери бир хандын сулуу кызы болуп, көпкө чейин турмушка чыкпаганда: “Кимде ким асманда учуп бараткан жоруну мен ат дегенде бир ок менен атып түшүргөнгө кызымды беремин”, - деп шарт коёт. Адигиненин бир баласы аткарган экен. Хан убадасы боюнча кызын ошол балага бериптир. Ошондон баланын аты жору аталып калыптыр деп айтылат.
         Мына ушул Жорудан – Мурзакулдан – Упаркырабай жору, Жарбаңкол жору, 2) Сейтажы, Кубат, Жоош, Атай, Аккозу, Кара тукумдары Шербек жору деп айтылат. Сейтажыныкынан – Молдомат, Жунуш, Абыла, Омор, Мишан, Маматкул, Сыдык.
         Шербектин Жунусказысы кыргыз элинин белгилүү жазуучусу – Касмалы Жантөшовдун “Каныбек” романынын башкы каарманы Каныбек. Мына ошол Жунусказы болгон деп айтылат.
         Алымбек датка – Акбаргыдан болот. Карабаргыдан – Эши, анда, Токо, Токтулу, Кармыш. Санжырачы Мусанын баласы Мамасадык жору уруусунан болот.
         Акбуура (Аалы) жигит болуп турган мезгилде Адигине элинин ичинде чыр чыгып, бир бийди Акбуура (Аалы) өлтүрүп коёт. Туугандары азык, ат, курал берип, оокатыңды кыл деп качырып жиберишет. Акбуура (Аалы) нечен күн-түн жол жүрүп, акыры Эштек баатырга туш келет. Эштек Кытай тараптагы жайлоого көчүп баратканда бир акбуурасы ушул белде учуп өлгөн экен. Кийин жайлоодон кайра көчүп келе жатып ошол белде эс алып олтурган кезде Эштекке Аалы туш келген.
         Абалын сурашканда Аалы болгон жөн-жайын жашырбай, чындыгын айткан экен. Эштек жигит жоокер экенин байкап, өзүнө жигит кылып алуу максатында: “Балам, сен биз менен кошо жүр, сени бала кылып алайын. Ушул белде бир акбуурам өлгөн эле, биз дал ошол белден жолугушуп калдык. Атың Акбуура болсун”, - деп айтканда макул болуптур.
         Курманжан – Моңош тукумунан Маматбай деген кедейдин кызы болуптур. 1811-жылы туулган. Төрөкулдун жылкычысы Куласал үйлөнгөн экен. Бул күйөөсүн чанып турган мезгилде Алымбек датка Алайдан куш салып жүрүп Караталаадагы Бөрү токойдун башында калпагы бар, эркекче кийинген 200дөй жылкыны айдап келип, атын талга байлап олтурган Курманжанды көрөт. Жакын келип караса ал аял болуп чыгат. Бул айылга кайрылып жылкычы келиндин жайын сураштырса, Курманжан келин күйөөсүн чанып жүргөнүнө чейин билет. Ошонун артынан түшүп, жылкычыга башка аял алдырып берип, Курманжанды алып Коконго кетет. Кийин жапалак уруулары: “Биздин жесирибиз кайда?” – дешип жылкычынын уруусу: “Силердин жесир Алымбек даткага тийип кеткен”, - дешет. Муну уккандан кийин жапалак уруусу Алымбекке барышып, куда-сөөк болуп, эки уруу жарашкан экен. Курманжандын үнү аялдарга окшобогон, жүргөн-турганы эркекке окшоп кетчү экен. Көргөндөрдүн айрымдары “Каап, эркек болуп жаралып калбаптыр” деп айтуучу экен.
         Курманжан 1832-жылы 21 жашында Алымбекке турмушка чыккан. 1907-жылы 96 жашында кайтыш болгон. Оштун Мады айылында экөө 29 жыл бирге жашаган. Абдылдабек, Баатырбек, Асанбек, Оморбек, Мамытбек, Камчыбек деген балдарды көрүшкөн. Алымбектин 1-аялынан Жаркынбай. Камчыбектен – Кадырбек, мындан Мойдун, Инаят, Дөөлөтбек, Адылбектен – Ыйыш, Татар, Асанбектен – Мырзапаяз, андан Адыш, Абдыкапар. Адыштан – Муса. Абдыгапардан Ильяс, Чыныбек, Асанбек, Турсунбек.
         Адигиненин баласы Сарт жөнүндө. I – Адигиненин 1-аялы Кокон канынын кызы экен. Ошол аялдан төрөлгөн баласы Сарт деп айтылат. II – илгери Адигине иниси Тагай менен сүйлөшүп Кашкарга мал айдап барып соода кылып бир топ жүрүп калат. Бирге барган жолдоштору сүйлөшүп кашкарлык сарттын аялы кош бойлуу болуп калат. Оода-сатыгы бүтүп кыргыз жерине кайра кетүүгө камынат. Сарт аялы кошо кетпей коёт. Анткени бирөөнүн жалгыз кызы экен. Ата-энесин кыйбай калып калат. Адигине – мейлиң, калсаң кал, бирок боюңда бар. Эгер эркек төрөсөң, бала чоңоюп мени издесе мобу макимди бер, белек катары мага көрсөтсө баламды таанып кабыл алайын деп макисин берип кеткен экен.
         Аялы эркек төрөп, атын Самүдүн коёт. Чоңойгондон кийин атасын издемек болгондо апасы баласына Адигиненин жайын, дарегин айтып макини берип жөнөтөт. Самүдүн чоңоюп калган Самат деген жетим баланы кошо ээрчитип алып нечен күн-түн жол жүрүп Эргештамдан өтүп Алайдан атасы Адигинени табат. Макини көрсөтөт. өз баласы экенин билип, сен менин балам экениң чын, кашкарлык сарт аялымдан төрөлгөн балам турбайсыңбы, ошондуктан атыңды Сарт деп коёюн дептир. Ошондон тукумдары “сарт уруусу” деп айтылып калган дешип жүрөт. Мындан тарагандар түштүктө, Кетмен-Төбөдө. Ушул Сарттан: Карагана, Куртка, Караменде, Жакшылык, Кадыр, Кашкатай, Садыр, Дуулат. Булар Кетмен-Төбөдө, Жети-Суу, Балыкты, Куш-Суу, Мазар-Суу, Жерге-Тал, Ош, Алай, Жалал-Абад аймагында жашап турушат.
         Сарттын Кашкатайынан Ороз, мындан Сатылган. Мындан Токтогул, Алике, Кулуке, Наке. Токтогулдан Бабажан, мындан Молдожан. Токтогулдун 1-аялынан Топчубай. Жердештен Курбу. Бөкөнбайдан Жоомарт. Сарт – Куртка – Чаки – Итий – Байбак – Жакып – Кашкардөбөш – Алек – Төкө – Бөкөнбай. Бөкөнбайдан: Ниязбек, андан кийин аялы 9 кыз төрөп, 40 жашка келгенде Жоомартты төрөгөн. Бөкөнбайды көрө албагандар өлтүргөн деген сөз бар. Жоомарт акын жазуучу болуп Токтогулдун эмгектерин изилдеп жыйнап, жарыкка чыгарып, “Токтогулдун атын элге тааныткан Жоомарт” деп айтылып жүрөт.
         Жоомарт 1940-жылдары Манас киносун тарттырып жүрүп, Ысык-Көлдүн жээгинен машина авария болуп кайтыш болгон дейт. Эки уулу бар деп айтылат. Тоң айылына күйөө бала болгондуктан Тоңду Жоомарт Бөкөнбайдын атынан койгон деп айтылып жүрөт. Асан бийден чыккан Алымбек 1808-жылы Чоң-Алайда туулган дейт. Болжолдо Алымбек Ормондон 11 жаш, Жантай хандан 8 жашча кичүү, Боронбай хандан 9 жашча улуу болгон деп айтылат. Алымбек чечен, акылман, 40 жаш чамасында датка, кийин Кокондун аскер башчысы болгон. Кокон хандыгын алаарда өлтүрүшкөн дейт.
         Баштыктан: Бостон. Бостондон: Калча, Рапша, Тору, Алдар, Коентукум, Конул. Айдостоон – Бошотой. Бошотойдон: Базар, Ыйманкул, Темиркул, Мендикул, Шеримкул. Иманкулдан: Шайбек. Жообасардан: Олжобай, Шырдак. Алсейиттен: Кемпир уулу, Ырайымкул уулу. Муракеден: Белек, Кочок. Кочоктон: Кулжан. Кулжандан: Абыла, Ашыке. Шүкүрдөн: Алымбек уулу. Чакачайдан: Кубатбек уулу, Мамакожо уулу таралган. Райымкулдан (Ак эчки): Кожомберди, Каратай. Бул элдин көрүнүктүү баатыры Калматай, Аккочкор, Толок. Жалмырзанын эпосунда толук айтылат. Адигине уруусунун көпчүлүгү түштүктө жайгашкан. Бир азы Тагай уруусунун ичинде бар, ар кайсы жерлерден бар. Ичара Ырайымкул, Кожоберди, Жангулу, Мурат деп 4 атага бөлүнөт. Булардын айрымдары Жети-Өгүз, Жумгалда да бар.
         (уландысы) Адигинеден Стр.29
         (кошумча.жазылбай калганы) 1)Бөрү уулу Кудайкулдан: Стр.30
         Адигине элине келип жашап үйлөнгөн уруусу.

         Уйгур Булгаарычыдан

         Каңгы, Тейит, Жоокесек, Кызылаяк, Кыдырма, Бостон, Кесек, Найман, Нойгут – 9 уул. Булардан тарагандар ар кайсы элдин арасында жашайт. М.: Чычкан айылында тейиттин тукуму жашайт.
         Уйгур булгаарычыдан Стр.31
         2)Бектенден: Стр.32
         3)Баргынын Сатыкесинен 2-баласы Мурзакеден: Стр.33
         Асанбек бийден: Стр.34
         (кошумча) Баргынын Сатыке уулунан тарагандар: Стр.35
         Баргынын уулу Кудайбердиден тарагандар: Стр.36
         4) Сартбайдан: Стр.37
         Адигиненин күң аялынан - Муңгуштан,
    Адигиненин уулу Жолжакшыдан: Стр.38

         Адигине уулу Сарттардан: Стр.39
         (Турдубай Умар уулунун 1991-жылы басылып чыккан "Кыргыз санжыра" китебинен жазылды) Сарттар уруусунан тараганы: Стр.40
         Жорунун Айжорусунан таралганы: Стр.41
         Сейтажынын Мишандан: Стр.42
         Кекечтен, Арыктан: Стр.43
         ТАГАЙ УРУУСУ                                                  (түзүмгө)
         Тагайдан: 1-аялы Айышбүбүдөн: Богорстон, Койлон, Кылжыр (өз аты сарбагыш – мойну кыйшык болгондон кылжыр аталып кеткен дейт). 2-аялы Насиден (уйгур же өзбек): Карачоро. Карачорону ээрчип келген Тагайдын бакма балдары: Азык, Саяк, Черик. Тагай жөнүндө 16-кылымдын эстелиги болгон”Маджмуат-таварикте” жолугат. Тарыхчы Рашид-ад-дин да жазып калтырган. Богорстондон: Эштек, Козор – аз уруу. Эштектен: Солто, Түйтө. Буларга кирген майда уруулар: төлөк, шалта, карасакал, акбуура, асылбаш, кайдоол, чалаказак, жетиген, жетикашка. Көгөйдүн 8 баласы болгон дейт.
         Эштектин токол аялынан балдары Эштек уругу деп аталып кеткен эштек Аксы Турпандагы Уйгур элин чаап алып, көп олжо менен кайра келе жатканда кош арткан акбуура төөсү Торугарттын ашуусунда учуп өлүп, ошол ашууда курал жарагы менен жүргөн бир жигит жолугат. Ал жигиттин жайын сураса Алай элинин бийин өлтүрүп качып келе жаткан Алайдык жигит экен. Эштек бул жигит баатыр экен деп ойлоп, мага бала болгун деп жигиттин атын Акбуура коюп алган. Кийин Эштек казактарды чапканда олжого түшкөн Асылбаш деген баланы Акбуура-баатыр мага бериңиз, өлгөн баламдын аялын алып берип бала кылып алайын деп сураганда Эштек берген экен. Акбуура өзү айткандай Асылбашка келинин алып берип, бала кылып алат. Эштек баатырдын бакма балдары: Кайдоол (тондуу, Кокондон келген), Балта, Түтө (саруудан келген). Урмамбет (багыш эли, тукуму суумурундан), Кабыке (кытай уруусунан), Акбуура (Алайлык, өз бийин өлтүрүп качып келген). Солтодон: 1-күнтуу (култуу) 4 (Асылбаш казакты чапканда адигине элинен олжого келген) ата чылпак. 2-аялдан Чаа , Бешкүрөң (урук), Мааке (урук), Чаадан: Каракчы (Бөлөкбай), Талкан, Тата (урук), Жоочалыш (урук), Соокмурун (урук) 5 баласы болгон. Каракчыдан (Бөлөкбай): Байсейит, Бутош, Төкөлдөш, Борочор (4 баласы болгон) .
         Эскертүү: Солто балдарын санчы-сынчыга сынатканда, сынчы Күнтууну “аты күлүк, кызы сулуу, чукулдашкан эл болот”. Күнтууну – тукуму бай, чарбага кызыккан аз эл болот” дептир. Солто бул эки баласын жакшы көрчү экен. Солто кыйылып туруп, бечел калган баласы Чааны көрсөткөндө, сынчы көрө коюп: “Ой үстүн бап, сын токтобой калат”, - деп жаптырып – “мунун тукуму көп болот. Мындан куйма кулак, ат качырбас боз айгыр, баш койкон жана башкалар чыгат”, - дептир. Санчы-сынчы айтканы туура келип Күнтуудудан: Токбай, Карамерген, Тобу, Чылпак, Кулболду, Жолболду, Байгана, Чоң мурун (тукуму аз эл), Алжанбай, Сагынбай.
    Кулболдудан: Сарбан, Дандыбай. Байганадан: Кашкабаш, Сарбаш. Бардыгын Күнтуу уруусу деп айтышат. Сарбандан: Шадыкан, Байгазы, Жанжигит, Сарымсак. Чылпактан: Асыл, Айуулар. Булардан таралгандын баарын Күнтуу уруусу деп айтышат. Токбайдан: Бекболот, Козуке, Мондош, Токталы, Шонкор. Карамергенден: Базаркул баатыр. Кулболдудан: Сатымкул, Кудайназар, Каракулболду, Кызылкулболду, Итемген, Сейтике, мындан – Дандыбай. Шалтадан: Толон, Кутумбет, Урдөөлөт, Досой, Бейше. Бул 4 баладан таралгандарды ак шалта уруулары деп айтылат. Досойдон тарагандарын кара шалта уруулары деп айтылат. Соокмурундан: Жаныбек, Мышык, Кожомберди, Желдеш. Булардан тараганды соокмурун уруусу деп айтылат. Маакеден: Канкелди, Калуке, Белек. Белектен: Жакшылык, Чиркей. Булардан таралганды Мааке уруусу деп айтылат. Култуудан: Мендеке, Адыке, Чылпак, Адигине, Аккүчүк, Элчибек. Аккүчүктөн: Абышка, Чал, Чаанын баласы Талтагандан: Абыл, Анылдак, Кенжебай, Кулубай, Токобай, Айтыке, Теке, Шайык, Жумабай, Керек. Жоочалыштан: Кенен, Белек. Кененден: Көңул, Чоңөтүк, Жарбан. Белектен: Бишкек баатыр. Талкандан: Конурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Байболот, Делден, Алдан, Байсейит, Бүтөш, Алакай, Бейше (Бекиш), Итике.
         Күндөрдүн биринде Талкандын үйүнө бир дубана келет. Аны коноктоп, өзүнчө бир үйгө орун салып берет. Талкан түн ортосунда кандайдыр бир чочуп кетет. Дубана жаткан үйдү караса – үй жарык болуп турат. Аны барып көрсө, дубанадан нур төгүлүп, үй ичи жарык. Аны кыдыр экенин түшүнүп, кенже баласы Багышанга барып, аны ойгото албай, Kоңурбай менен Кошойду ойготуп, дубана жаткан үйгө барып шыкааласа үй жарык. Талкан кайра барып Бакыны ойготот. Ал келип караса үйдүн жарыгы кетейин деп бараткан болот. Талкан кайра барып Багышанды ойготуп алып келсе, жарык бүлбүлдөп өчүп баратыптыр. “Атаңдын көрү ай!” – деп кейип, “Сенин тукумуң аз болуп калмак болду, Конурбай менен Кошойдун тукуму көп болот, мыктылар да ушулардан чыгат”, - дептир. Багышан тукуму бир эле айыл болуп Ак-Суунун ичинде жайгашкан. Кошойдон: 1-аялынан – Баймырза, Мамбет, Каман. Бул үчөөнү бириктирип жутма деп айтышат. 2-аялынан – Жамансарт, Момокон, Жанкарач. 3-аялынан – Курткатениз. 4-аялынан – Кочкорбай. Түлөбердиден: Эшкожо, Канай, Чыны, Карбоз, Алапай, Татыбек, Мандөбөт. Канайдан: Бошкой, Байтик. Бошкойдон – өзүбек. Баймырзадан: Байкөчөк. Жанкарачтан: Ажыбек, Бөрүбай, Сарыкөбөн, Мамырбай, үсөн, Эсенаалы, Чоңөтүк, Сарыбай. Бул үчөөнөн таралганды эр кебек деп айтышат. Чыныдан: Тынаалы, Доорон, Тойчубек. Тынаалыдан: Чолпонгул, Ырысменде, эсенаалыдан (Эсенаман): Саке, Уку, Карабек, Кален, Айтпай, Керимбай. Түлөбердинин баласы – Эшкожодон: Баястан, Шоорук, Чойбек. Карбоздон: Алымбек, Бошкой. Эли жантай, бакы. Түлөбердинин баласы – Канайдан: Байсейит, Куттуксейит, Баяке, Байгазы, Тилеш. Байтиктен: Байсал, Сулайман, Момоко. Момокодон: Алыбай, Чүрпө, Учукө, Тоопай, Бооку, Саргалдан, Чонайылчы, Кичиайылчы, Карабай, Алике, Имаш, Ороз. Алыбайдан: Жапалак, Ажы, Таштанбек. Баакыдан: Жанбала, Шапак, Айдарбек, Салык, Баймат, Эшимбай, Дөөтбай, Эшимбек. Эшимбайдан: Ажыбай, Суранчы, Аламай, Акыш, Мандөбөт. Конурбайдан: Жайыл баатыр, Итике, Төкө, үсөн, Саргалдак. Жайылдан: Асан, Олжоболот, Качы, Жангарач, Абике, Карасакал. Итикеден: Анар, Медер, Алат, Баки, Көлөн, Кулболот, Касым. Асандан: Чурумчу, Төрттөлөк, Төрттаз, Бороко, Байчыман, Каратай, Асылбек, Саза, Конурбай уругу үч багыш аталып калды. Болокбайдан (каракчы): Байсейит. Андан: Кебекбий, Жолой, Эсиркемиш, үкү, Кутумбет, Чулу, Жалайыр, Чумколой, Ногой, Саманчы, Аргымбай, Салык. Жолойдон: Аксакбөрү. Эсиркемиштен: Талкан, Мурат, Көлөн, Айдабосун. үкүдөн: Чоңүкү, Майда үкү. Көлөндөн: Алдаяр. Айдабосундан: өмүралы, Абылмейиз. Кутумбеттен: Абдучу. Мындан – Корчу. Мындан – Сулайман. Аксабөрүдөн: Абайылда. Андан Бабакан, Мамыт. Бабакандан: Дүйшөналы. Бошкойдон: өзбек, Курама, Акылбек, Сырдыбай, Эстебес, Жанчар, Кенесары, Боруке, үркүнбай, Арзы, Кошой, Дуулат, Керим. Болоттон: Садык. Садыктан, 1-аялынан: Сурабай, өмүрзак, Жанузак. 2-аялынан: Сыдыкбек, Алмабек, Сооданбек. 3-аялынан Бердикожо.
    Сыдыкбектен: Түмөнбай, Түгөлбай. Мындан башка дагы 6 эркек, 7 кызы болгон дейт. Көпчүлүгү үркүндө жок болгон. Багышандан: Кожомберди, Жанкулу, Райымкул, Очоке, Мурат. Байболоттон: Жээнбек. Мындан: Адыл, Дайыр, Жаркымбай. Делденден – Бердике. Бүтөштөн: Жерказар, Жакып, Тубар, Багыш, Жагыш, Төлөн, Түлөкабыл, Жетикашка, Төкөлдөш (бакма баласы). Жакыптан: Жээнбек, Кожокелди, Кубат, Каратаман, Дайырбек, Кожош, Жаманкара (баатыр). Кожоштон: Сарман, Жалгаш. Жетикашкадан: Чоткара, Баястан, Айта, Чынгыш, Арбоз, Байсары, Көбөй. Буларды жетикашка уулу деп айтышат. Төкөлдөштөн: Алдакул, үмөт, Капар, Райка, Кудайкул, Кенжеш. Солтонун ичинде Түлөбердинин төрт уулу энчисине алган майда уруулар бар. Эшкожо-карасакал, шалта, Канайга – Төлөк, Чыныга – Мааке, беш күрөн, Карбозго – Асылбашты берген дейт. Энчиге бөлүнбөй калгандары: жетиген, мөнкө, жетикашка. Талкандын уулу Байболоттон – Жээнбек. Мындан – Адыл, Дайыр, Жаркымбай. Делдеңден – Райымбек, Бердике.

         ТАГАЙ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         Осмонов өскөн тарых илимдеринин доктору, профессор жазган очеркте (2006-ж. басылып чыккан китеби боюнча) .
         Тагай бий 1508-жылы хан болгон. Ушундан кийин Мухаммед Кыргыз деген ысым ыйгарылган.
         Могол ханы кыргыздарды 1517-ж басып кирген. Тагай бийдин ордосу Ысык-Көлдүн Барскон деген жеринде болгон. Кармашууда кыргыздардын колу талкаланып, Тагай колго түшөт. Кашкарга алып келишет. Бирок көпкө кармалган жок. Саид хан 1518-жылы бошотуп, 1522-жылы өзүнүн уулу Абдар Рашид менен кошо мекенине жөнөтүп жиберет.
         Ала-Тоо аймагына келип, Тагай бий кыргыз элине башчы болуп, монголдорго каршы күч топтоп баштайт. 1524-ж. кыргыздын жерине (Кочкорго) казактардын ханы Такир келет. Моголдорго каршы Тагай аны менен ымала түзөт. Муну билип калып, Султан Саид 1525-ж. Тагайды карматып, Кашкарга алдырып, кайрадан үй түрмөдө кармайт.
         Тагай Саид (1533-ж.) өлгөнгө чейин болот. Тагай бий 14 жыл чет жерде камакта болгону менен эли менен байланышын үзбөгөн. Көздөгөн максатынан баш тартпаган.
         Алар Тагай бийди элинен алыс кармоо үчүн Могол ханы Саид Тагай бийди улам-улам өз ордосуна алдырып келип ак үйлүүдө (үй түрмөдө) кармаган.
         Тагай бийдин урпактары: Манап бий Кыргызстандын Түндүгүнө улук катары таанылып, Көкүм бий Ферганадагы кыргыздардын башчысы катары таанылып, экөө биригип Ташкенден Самарканга чейин элди-жерди ээлеп турган деп жазган. Осмонов өскөн Манап бий жөнүндө тарыхый очерк жазган. Көкүм бий жөнүндө тарыхый очерк жазууга материал жыйнап жүрүп, өзүнүн окутуучусу, тарых илими боюнча профессор Аттокуров Сабыр менен кезигип сүйлөшкөндө, Аттокуров: “Манап бий жөнүндө жазылганды окуп жатам. Сарбагышты бириктирип, күчтүү уруу кылган Манап бий да. Манап бий бекемдеп берген бийлик менен сарбагыштар 400 жылдан бери эч кимге бийлик бербей Кыргызстанды бийлеп келе жатпайсыңарбы”, - деп койду (өскөн да сарбагыш уруусу) .

         1)Тагай балдарына энчи бөлгөндө:
         Богорстонго – саякты
         Койлонго – чоро (чорбу) карачорону
         Кылжырга (сарбагыш) азыкты берген дейт.
         2) Профессор Сабыр Аттокуровдун 1995-жылы басылып чыккан “Кыргыз санжырасы” аттуу китеп боюнча оң Ак уул Абылдын 1-аялынан Моңоштон – Эркекашка, Кодогочун, Жапалак, Төлөйкөн, Жоош, Жылкелди, Сарала, Көкжатык, Сокулук, Тооке, Маңгыт, Бүкүртатар – 13.
         3) Т.Э. № 2, 203-бетте – Моңоштон – Кудагачы, Жапалак, Төлөйке, Тооке, Жоош, Соколак, Жылкелди, Көкжайык, Сарай, Сарылар, Эркекашка, Моңол, Улуккатун, Макыт, Жосон, Кодогочун – 16.
         Булар негизинен Алай, Гүлчө, Ноокат, Совет, Арабан, Төлөйке, Ош жерлеринде жашашат деп айтылат.
         4) Т.Э. № 2, 197-бет. Курманжан датка Моңоштун тукумунун кызы болгон деп айтылат. Ак уул (оңдон) тараган Наалы эже, Адигине, Тагай, 15-кылымдын 90чу жылында (1590-жылдары) энчилеш болуп бирге жашап турушкан дейт. Болжолдо Долон бий 13-кылымда жашап өткөн. Тагай 15-кылымда жашап өткөн.
         Угуз хандын тукумдары: Ороз, Осор, Баракхан, Аланчакан, Боорукехан, Атылахан, Карач, Калыбай, Баласагын, Ташы, Белекехан, Култегин, Какасхан, Талас, Кыргыз, Төштүкхан, Катагандын Канкошой, Көкөтөй, Бокмурун, Кошой, Жүгөрүхан, үртүхан, Жамгырчыхан, Айдархан, Көкчөкан, Будалыхан, Музбурчак, Ханшырдак, Эртабылды.
         Эскертүүлөр:

         1) Эштек жөнүндө баян: Эштекти эл Кашкарга кан кылып көтөрүшөт. Бирок Кашкардын эли көрө албастык кылып, унга чечек кагын кошуп беришет. Бул окуяны Эштек билип калып, чечек оорусу күч ала электе өз эли менен Кашкардан кетип калат. Айрым санжырачылардын, элдин айтуусуна караганда, Эштек чечек оорусунан өлгөн деп айтылат. Эл ичинде Эштек 6 аял алып, 30дай балдары болуп, алардан: Байгелди, Солто, Түйтө, Шалта тирүү калган деген сөз бар. Бакма (тондуу) балдары – Кайдоол (Кокондон), Түпбалта, Түйтө (Саруудан), Урмамбет (Багыш суумурун), Кабыке

         Схема 18. Стр.50

          (Кытай уруусунан), Акбуура, Асылбаш (Адигине уруусунан) олжого келгендер деп айтылган сөздөр бар. Дагы бакма баласы – Сөөкмурун, Чекир, Түпбалта. 1570-жылдары (сыбан, раптан) Контаажы калмактын ханы 500 миң кол менен Эштекке кирип, кыргызды кырып, күлүн көккө сапырган деген сөздөр айтылат.
         Эштектин бакма (тондуу) балдары:

         Кайдоол – Кокондон келген деп айтылат. Балта, Түтө саруудан деп айтылат.
         Урмамбет – багыш эли Суумурундан
         Кабыке – Кытай уруусунан
         Акбуура – Алай Адигине
         Асылбаш – олжого
         Сөөкмурун, чекир –
         Мындан тышкары булардын катарына кирген майда уруулар: төлөк, карасакал, чалаказак, жетиген, жетикашка, көчөй (8 баласы болуптур).

         ШАЛТА УРУУСУ ЖӨНҮНДӨ БАЯН                                                  (түзүмгө)
         Солто элинде жашайт. Шалтаны Тагай бийдин токол аялынан төрөлгөн десе, айрымдары Эштек баатыр жортуулда жүргөндө 3 жашар баланы алып келип багып, малын кайтарткан десе, кээси Эштектин кичүү аялынан төрөлгөн баласы деп айтышат. Кээ бирлери: илгери тойдо атчабышта Эштек тараптын аты чыгып, байгесине 7 жашар Шалта келген деп да айтылат.
         Кыскасы Шалта солто элинин ичинде Татанын тукумдары менен аралаш жашап, үйлөнүп балалуу болгон Шалта эки аял алып, 1-аялынан Нурдөөлөт, Бейте, Төлөк, Кутумбет. Булардын тукумдарын “Акшалта” деп коюшкан. 2-аялынан Досой. Мындан тараганды “Карашалта” деп коюшат. Эл ичинде Акшалта, Карашалта, Бөлкөчү Шалта деп үчкө бөлүп айтышат. Себеби, өңдөрү акжуумал, оокаттуу, малдуу жашагандарын Акшалта деп айтылып калса керек. Оокаты начар, күжүрмөн, дыйканчылыкка көп иштеп, күнгө күйүп, өңдөрү кара болгонго байланыштуу Карашалта деп айтылып калса керек. Бай орустардын малын багып, жумушун иштеп, бөлкө нанын жешип, жанын баккандарын “Бөлкөчү шалта” деп айтылып калгандан үчкө бөлүп айтылган го.
         Шалта жоокерчиликте жүрүп калмактан чоңойгондо үйлөнүп, балалуу болушат. Бирөөнүн баласынын атын Кутумбет коюшат. Кутумбеттен: Жанбото, Жаныш. Булардан тараганды “Калмак шалта” деп айтышат.
    Кыргыздар калмактар менен согушканда Шалтанын бир агасын калмактар колго түшүрүп алып кетишет. Ошондо агасын бошотуп келүүгө калмакка барып кармашып, өзү да колго түшөт. Калмактар агасын өлтүрүшкөн. Шалта калмактарга көп эрдикти көргөзгөндөн калмактар Шалтаны бошоткон.
         Шалтанын Бейшесинен Булса. Мындан – Алтыбай, атан, Тайлак, Топой, Тилеп. Алтыбайдан – Айдралы, Медетбек, Бөкөн. Тайлактан – Кошойбай, Ногойбай. Топойдон – Баялы, Майлы. Тилепинен - Майлыбай, мындан: Кудайберген, Кыдыш, Сыдыгалы, Осмоналы, Сагыналы.
    Осмоналыдан – Самбаркан, Саяк. Мындан: Тунгуч, Тынчбек, Жакшылык, Мээни. Шалтанын Төлөгүнөн – Карымшак, Майтык. Карымшактан – Култерек, Чоңбаш, Жообасар. Майтыктан: Конурбай, Турап, Боронбай.

         Схема 19. Стр.52

         ЭШТЕК БААТЫРДЫН БАКМА (ТОНДУУ) БАЛАСЫ АКБУУРАНЫН ТАРАЛЫШЫ                                                  (түзүмгө)
         Эштек илгери эли менен Кытай тарапка баратып бир ашуу белге барганда, жүк арткан Акбуура төөсү учуп өлөт. Ошол ашууну Акбуура ашуусу деп ат койгон. Кытай жактан кайра келип, эс алып олтурганда өз атынын соорусунан эт кесип жеп келе жаткан ачка жигит кайдоол ээрчитип Эштекке барат. Сураштырса аты Айдай Адигине уруусунан Далычы дегендин балдарынан экен, бир байды өлтүрүп Алайдан качып келе жаткамын дейт.
         Экинчи айтылышы: Эштек бир топ жоокерлери менен кашкар тараптан жоону чаап, көп олжо менен Акбуура өлгөн ашуудан куралчан жигитке жолугат. Сураштырса? “Жаныбек кандын элинен эр өлтүрүп качып келе жатам, атым Акбуура”, - дейт.
         үчүнчү айтылышы: Эштеке Акбуура өлгөн ашуудан жогорку жигит кезигип калат. Ал жактан сураштырганда, болгон окуяны толук айтат: атым Аалы дейт. Эштек жигиттин тың экенин байкап: “Андай болсо сени бала кылып алайын, сен биз менен кошо жүр”, - дейт. Жигит макул болот. Ошондо Эштек: “Ушул жерде жүк арткан Акбуура өлгөн, биз ушул жерден жолугушуп олтурабыз. Ошондуктан сенин атыңды өзгөртүп Акбуура деп коём”, - деген. Эштек аны өз жигиттерине кошуп алат.
         Акбуура үйлөнүп балалуу болот. Түпкү беги Адигине. Адигинеден: Баргы. Андан: Сатыке, Сансыз

         Схема 20. Стр.54

         АСЫЛБАШТАН ТАРАГАНДАР                                                  (түзүмгө)
         Күндөрдүн биринде Эштек жоокерчиликтен келе жатса, Анжиян тараптан бир жигит жолугуп калат. Анын жөн-жайын сураштырса: “Элимден эр өлтүрүп качып чыктым. Атым Асылбаш”, - деген экен. Уруусун сураштырса Адигине тукумунан Акбуурага аталаш тууган болуп чыгат. Ушул кезде Акбууранын үйлөнгөн бир баласы каза болуп, келини жесир калган. Акбуура ойлонуп туруп Эштекке келип: “Ава, балам өлүп, келиним жесир калды эле, уруксат берсеңиз мен келинимди Асылбашка нике кыйып үйлөнтөйүн”, - дейт. Эштек Акбууранын сунушуна макул болот. Асылбашты келинге үйлөнтөт. Ошентип Акбуура Асылбаш солто элинде жашап калат. Булардын тукумдары түштүктө да бар. Россиянын изилдөө жыйынтыктап жазылганына караганда 1910-1913-жылы түштүктө Асылбаштан 208, Акбуурадан 100дөн ашык түтүн, ал эми 1950-1955-жылдары эсеби боюнча Асылбаштан 508 түтүн жайгашкан.
         Адигине-Баргы-Сансыздан: Мөнөк, Ардай

         Схема 21. Стр.55

         Схема 22. Стр.56

         Схема 23. Стр.57
         Асылбаштын - Токто - Кудайменденин балдарынан тарагандар Стр.58
         Асылбаштын - Токтосунан тарагандар (уландысы) Стр.59
         Схема 25. Стр.60

         Схема 26. Стр.61

         Схема 27. Стр.62

         Схема 28. Стр.63

         Схема 29. Стр.64

         Схема 30. Стр.65

         Схема 31. Стр.66

         Схема 32. Стр.67

         Схема 33. Стр.68

         Схема 34. Стр.69

         Схема 35. Стр.70

         Схема 36. Стр.71

         Схема 37. Стр.72

         Схема 38. Стр.73

         Схема 39. Стр.74

         Схема 40. Стр.75

         Схема 41. Стр.76

         Солтодон: 1-аялынан – Күнтуу, Култуу, Бешкүрөң, Мааке. 2-аялынан – Чаа.
         Чаадан: 1-аялынан – Каракчы (Бөлөкбай), Талкан. 2-аялынан – Тата, Сөөкмурун. 3-аялынан – Жоочалыш (олжого келген аялдан).

         Тактоо иретинде:

         Күнтуу-Кутулмуш-Сатыбалды-Сагынбай жөнүндө. Сатыбалды өлгөндөн кийин Сагынбай энеси экөө Шабдандын элине барып жашап калышат. Сагынбай Шабдандын Мөкүт деген баласы менен медреседе бирге окуган. Шабдан ооруп калганда бир жигитине: “Менин ашымды Сагынбай башкарсын”, - деп айтыптыр.
         Кийин Шабдан өлгөндө ашын Сагынбай башкарыптыр.
         Солтонун талабы боюнча балдарын сынчы сынап – Күнтууну: “Бул уулуңдун аты күлүк, кызы сулуу чыгат, кыйыны чыкпайт”, - дейт. Култууну: “Бул уулуң урушчаак, чарбага кызыккан аз эл болот”, - дейт. Чааны: “Бул уулуңдун тукуму көп болот. Кулжакулак, мешкызыл, аткачырбас, бозайгыр, ийрикара, шылкмоюн, башкойгон, ачарыстан ушул бечелден чыгат”, - деп сынаган экен. Сынчы айткандай Чаанын тукуму көп. Чаанын Бөлөкбай тукумунан жолборсту тирүү кармаган баатыры орус аскеринин колунан мылтыгын тартып алган Корчу баатыр “ач арыстан” дегенге туура келет. Түлөберди “Кулжакулак, мешкызыл” дегени ушуга таандык. Солто элин бийлеген Канай “Аткачырбас, бозайгыр” дегенге таандык. Солто элине бий манабы Жангарачка “”Ийрикара шылкмоюн” дегени Байтик баатырга туура келет.
         Күнтуунун Карамергени жигиттери менен жоодо жүрүп келсе, калмактар айылын чаап, инисин, аялын, балдарын алып келиптир.
    Карамерген аларды куткарып келүү үчүн калмакка барат. Калмактын каны “Кандай өнөрүң бар?” – деп сураса Карамерген: “Көзгө атар мергенмин, балбанмын”, - дейт. Муну сыноого кан киши кошуп жолго жиберет. Тоого барса эчки-текени көрүп, мылтыктын шыйрагын жерге сайып, дүрмөттөп милтени коюп артына карап, жанындагы кишиден:

         Схема 42. Стр.78

    “Келе наспайыңдан бир атым берчи”, - дегенде мылтык атылат да юбир теке тоодон кулап түшөт. Муну уккан кан таң калып, ага каршы балбан калмактан бир киши чыгат. Экөө алыша кетишет. Кийин экөө бирин-бири таанышат. Иниси Чоңмурун менен сүйлөшүп, Чоңмурун жыгылып калат. Калмактын каны бул эрдиктериң үчүн каалаганыңды ал, сени бошотом дейт. Карамерген ойлонуп туруп, бала белде, аял жолдо, булар табылат, бир тууган иним табылбайт, инимди сурайын деп чечет. Чоңмурунду сурап, калмактан бошотуп алып келе жатса бир аял калмактан качып келе жаткан, ага жолугуп, аны кошо алып келип агасы Токбайга үйлөндүрөт.
         Балдары бар Карамергенден тарагандын түтүнү миңден ашат (Базаркул менен Илебайдан тарагандын). Булар Байтиктен болуштукту талашканда Байтик Алматыдагы губернаторго барып, сүйлөшүп буйрук чыгартып, Базаркул менен Илебайды Тогуз-Торого көчүртүп, ошол жерде болуш түзүүнү чектешкен. Базаркул Илебай кетээринде агасы Бүргө баатырды кошо баруусун сураганда Бүргө барбай коёт. Экөө көчүп Тогуз-Торого барып, өзүнчө болуш түзүп үч жылдай жашайт. Мал-жаны жер үшөп катуу жут болуп кыйналганда жарым эли менен кайра Төө-Ашуу аркылуу өтүп, Шабдандын элине келип конот. Ошол кезде Шабдан Алматыга кеткен экен. Келгенден кийин тигилген үйлөрдү көрүп сураса эч кимиси билбейт. Шабдан киши жиберип чакырса, Базаркул: “Жакшысы үйдө турбаган, жаманы кишини сурабаган немесиңер”, - деп барган кишини кайра жиберет. Шабдан өзү барып, Базаркул менен сүйлөшкөндөн кийин жашай бергиле деп Кеминден Базаркулдун элине жер берип, үч жыл болуш кылып койгон экен. Базаркул каза болуп, сөөгү болжолдо Токмокко жакын жерге коюлган деп айтылат. Кийин эли өзүнүн күнтуу элине көчүп барып кошулган экен.

         Чаа жөнүндө.
    Чаа баатыр болуп, жигиттери менен жортуулга чыгып жүргөн экен. Чааны казакпы же калмактарбы, барымтага кармап алып кетет. Барымтада жүрүп, өңүтүн таап олжо менен аман-эсен качып өз элине келип кошулат. Ошондо бир сулуу кызды ала келет. Бойго жеткенде кызга өзү үйлөнөт. Бул аялынын боюнда болуп калат. Чаа жортуулга камынып, өзүнүн улуу аялынан: “Мен жоодон келгенче тигил аялым төрөп калса, баланын атын жакшылап койгула”, - деп айтат. Чаа келгенче аялы эркек төрөйт. Улуу аялы күнүлүк кылып, жоого кеткен эрин шылдыңдап, жоодо жүрүп алып келген аялы дегенсип, төрөгөн аялды да шылдыңга алгансып, баланын атын Жоочалыш деп койдуруптур. Чаа жоодон келгенде байбичеси алдынан тосуп: “Сүйүнчү, аялың төрөдү, эркек балалуу болдук” - дегенде, Чаа: “Болсун, болсун, боосу бекем болсун, атын эмне койдуңар?” – деп сурайт. “Атын Жоочалыш деп койдук”, - деп жооп берет байбичеси. Ошондо Чаа: “Ай-а, байбиче ай, башка эле ат койсоң болмок. Эми баланын өмүрүнө чейин так калган турбайбы”, - деп кейиген экен.
         Ушул Жоочалыштан кенен – Бишкек. Бишкек жашап турган жерге кийин үйлөр салынып, шаарга айланганда, шаардын аты Бишкек коюлган.
         Түлөберди деп Эшкожосунун баласы Шоорук (Карашоорук) сөзгө бай, чечен болуптур. Жангарачтын баласы Төлө апенди чалыш болуптур. Жангарач өлгөндөн кийин Төлө атама аш беремин деп туугандарын чакырып кеңеш өткөрөт. Анда туугандары ашты кандай өткөрүү оюң бар деп сурашса Төлө: “Таштанбек атасы – Жообасарга аш бергенде ат чаптырып, байгесине киши сайган экен. Мен да атамдын ашына ат чаптырып, байгесине киши сайамын”, - деп жооп бериптир.
         Анда катышып олтурган акын Бекмурат (балык ооз Найманбай деп да коюшат): “Солто тукуму ат чаптырып, байгесине киши сойбойт, кыргыз элинде мындай ишти жасаган Таштанбек баатыр”, - дептир. Бул сөздү Тынайдын Сооронбайы кийин угуп, Бекмуратка ыраазы болуп, ат мингизиптир деген сөз бар.
         Жангарач солто элин бийлегени кыргыз-казакка таанымал болгон. Канайдын Байсейитинин: Медет, Шекербек, Ыбрайым деген балдары Таласты жердешип, элди бийлеп, Кетмен-Төбөдөгү Рыскулбекке кыз берип кудалашып, Акмай, Дыйканды жеңип, булардын Солтонкул, Чолпонкул дегендери элдин жарымын бийлеп турган. Түлөберди өлгөндө ордун Эшкожо ээлеп калган деп айтылат.

         Схема 43. Стр.81

         Схема 42. Стр.82

         Схема 43. Стр.83

         Схема 44. Стр.84

         Схема 45. Стр.85

         Схема 46. Стр.86

         Схема 47. Стр.87

         Схема 48. Стр.88

         Схема 49. Стр.89

         Схема 50. Стр.90

         Схема 51. Стр.91

         Схема 52. Стр.92

         Схема 53. Стр.93

         Схема 54. Стр.94

         Схема 55. Стр.95

         Схема 56. Стр.96

         Схема 57. Стр.97

         Схема 58. Стр.98

          “Кыргыз Туусу”. № 47. 04.03.1992-жыл. Тарыхый очерк. “Жайыл кыргыны” же “Жайыл майданы” деп айтылат. Жазуучу Стамов Асанбектин жазганы боюнча.

         Чүй обл. Калинин районунан Стамовка аксакалдары (туугандарынан) келип, сүйлөшкөндө келген максатты Жайыл жөнүндө кеңири билиш үчүн келгенин түшүнөт. Ошондон кыргыздын санжырасын билгендер, аны изилдеген окумуштуулардын тарыхый документтерине таянып очеркти жазат.
         Ойрот урууларынын коалициясы XIV кылымда түндүк Монголияда башталып, XV кылымда чыгыш Монголияга көчөт. Эң алгачкы жолу жунгар-ойрот хандыгы XV кылымда Алай менен Теңир-Тоонун ортосунда жаңы мамлекет кайра түзүлгөн. 1449-жылы Эсен Контайжчи I – Кытайдан Мин династиясын талкалайт да, бирок чоң биригүүгө жетише албайт.
         Кийин бирдиктүү жунгар-ойрот империясынын түзүлүшү 1635-жылга туура келет. XVI кылымдын аягы ченде падыша Батур Ферганадан Шейбани хан тарабынан Ооганга куулгандан кийин казак жери, кыргыз Ала-Тоосун толук жунгар-ойрот ээлейт. Бул мамлекетти негиздеген калмактын Чорос уруусунан Каракула кашка. Бирок, ал мамлекетке жунгар-ойрот деген атты берип, такка эң биринчи олтурган император Батур-Контайжчи эле.
         Мунун бийлигин 1640-жылы Монголиянын Тарбагатайында өткөн курултай (калмакча - чуулган) закондуу деп тааныйт. Батур-Контайжчи басып алган жерлеринде шаар салып, канал каздырып, жерди иштетет. Ок-дары жасап, замбирек куйдурат. Ошентип жунгар-ойрот мамлекети аябай күчөйт. 1653-жылы Батур-Контайжчи өлүп, балдары так талашуу баштайт да, бийликке мураскору – Сенге келет. Так талашуу чатагы бүтпөй, 1664-жылы бир туугандар Сенгени өлтүрүп, ордуна карапайым Лаама (дин өкүлү Сенгенин кенже бир тууганы) Галданды хандыкка көтөрүшөт. Галган өтө каардуу хан болуп, Манжур-кытайлардын жаңы уюшулган Цин династиясына катуу таасир эткен. Хан тоонун ичиндеги кыргыздарды баш көтөртпөй Ысык-Көл, Нарын, Чүйдү бүт ээлеп алат. Кыргыздар көп жылы жунгар-ойроттордун бийлиги алдында басынып күн өткөргөн.
          Галдандын бийлигине 1664-1697-жж. туш келгени байкалат. Галдан Чүйдө калмак-кыргыздын башын кошкон чоң той берип, күрөшкө калмактар ырайы суук балбанын – Чыкыкты чыгарат. Кыргыздан Талкандын уулу Байболот баатыр чыгып, Чыкыкты жыгып, башынан аттап кеткен. “Балбандын башынан аттаганы, менин башымдан аттаганы”, - деп Галдан уруш баштайт. Ошондон Талкан бий Анжиян, Алай, Көлөпкө оойт.
          Талкан бий, Тынай бийдин Чүйдөн куулушу болжолдо 1673-жылга туура келет. Галдан өлүп, тактысы баласы Цеван Равданга өтөт. Жунгар империясына келгенден тартып казак-кыргызды кыра баштайт. Бул мезгил 1670-1690-жылдардан кийин, кыргыздар калмактан жеңилип Ысык-Көлдөн тартып Чүй, Талас кыргыздары түштүккө оойт. Талкан бий, Тынай бий, анан калган элин Анжиян, Аксы, Алай, Намангандан орун алышат. Теңир-Тоо, Чүйгө чейин Цеван Равдандын бийлигине өтөт. Талкан бий Аксы, Ала-Бука, Наманганды мекен кылып, Сафит – Булаңдан орун алат. Азыркы Кожо Шах-Фазилдин мечити турган жайда. Ошол жерде 1705-жылы Жайыл туулат. Цеван Равдан 1697-1727-жж. бийлейт.
          Талкан бий 1698-жылы жер чалып, кайра Чүйгө чейин келет. Цеван Равдан Талканды өз жерине жолотпой коюп, кайра Анжиянда жүрүп Сөөт-Булаң деген жерде өлөт. 7-8 жылдан кийин Сөөт-Булаңда Коңурбай өлөт. Ошол жерге коюлат. Азыркы Наманган обласында экен. Ал учурда Анжиян, Наманганда сарттар такыр жашаган эмес. Кыргыз-кыпчактардын жери болгон. Бошкойдун баласы өзүбек өлгөнчө Талкандын сөөгү жаткан жерге 3-4 жылда бир барып, куран окутуп келчү экен.
         1727-1745-жж. Равдан Церен хандык кылат. Бул 1745-жылы өлүп, балдары так талашып, акыры бийлик Галдан Церендин жээни – Амурсанага өтөт. Бул жунгар-ойроттордун бийлигин чыңаган. 1745-1756-жылдардын ортосунда Амурсана өзү да далай ирээт Манжур чиндердин Цинь династиясынын императору – Цянь-Лундан көп куугунтук жеген.
         Аблай хандын колуна да түшкөн. Кыргыздын жунгар-ойротторго каршы боштондук күрөшү 1733-жылдан башталып, 1775-жылда Галдан Церен өлгөндөн кийин күчөйт. Амурсана чечек оорусунан 1756-жылы өлгөндөн кийин жунгарлар мүгдүрөйт. Кыргыздар эркиндикке чыгышат.
         Талкандын 1-аялы (уруусу калмак келин) Урумкандан Байболот, Делдең, Бегиш, Чегиш. 2-аялы Чачыкандан: Бакы, Багышан, Конурбай, Кошой. Талкан Анжиян тарапка оогон кезде Конурбай, Кошой 4-5 жашта болсо керек.
         Талкан бий түштүктө жүргөн кезде оорусу 18дей баласы өлгөн деп санжырада айтылат.
         Байболоттон: Кедей, Делдеңден – Райымбек жетим калат. Талкан бий өлгөндөн кийин бийлик Кошойго өтөт. Кошой: Бакы, Багышан, Кедей, Райымбек, Жайылды алып Кетмен-Төбөгө Коңур-өгүз деген жерге келет.

         Толуктоо: Бакы, Багышан Коңур-өгүз жеринде өлгөн деп айтылат. Калгандары 1744-жылы ата конушуна көчүп кетишкен дейт.
         Ошондо элде сөз бар: Коңур-өгүз, Кош-Толук, Кошой бийдин тактысы. Кошой – 1755-жылы 85 жашында өлсө (1755-85), 1670-жылы туулган болот. Конурбай андан 2-3 жаш улуу сыяктанат.
         Кошой кан тоодогу кыргыздарды бүт башкарат. Мааматкул экөө биригип Нарын боюнан Бечекти табат. Ойроттордун заманында бугунун Белеги кан Тоодон оогон эмес. Кантайжчи аны кыргыздарга кан кылып койгон. Жунгар-ойротторду кан Тоодон кууп чыкканга Кошой башчылык кылган. Мында Мааматкул, Бердикенин ысымы көп айтылат. Бирок элдин ажоосу – жол башчысы эмес, баатырлары катары айтылат. Жаштары боюнча Бердике берен Кошойдон көп улуу. Талкан, Тынай теңтуш сыяктанат. Кытай летописинде Мааматкул 1758-90, 1668-жылы туулган болот, Кошой 1755-85, 1670-жылы туулган. Документтер боюнча 1733-жылы Бердике: Атаке, Момокон, Эр Садырды калмакка каршы Кошой аттанганда алар 13 жашта экен. Ошондо Бердике 80ди чамалап калган. Тарыхта Атаке 1720-жылы туулганы анык. Жайылдын кызы Бегимжан Атакенин токолу болгон. Кийин Бердикенин баласы Жабагынын кызына үйлөнгөн деп айтылат. 1740-жылы Бердике калмак колунан өлөт.
         Кошой бий өлөөр алдында элин чогултуп, жоодо көтөргөн кызыл туусун, болот кылычын Жайылга берет. Чүйгө азыр кыш түшүп калды, келүүчү жылы көчкүлө деп айтууга Кетмен-Төбөгө баратып 1755-жылы өлөт.      Жайыл Соот-Булаңда 1705-жылы төрөлгөн. Атадан жаш жетим калган. Кошой өлгөнчө анын тарбиясында болгон.
         Калмактар менен болгон согушта атактуу баатыр катары баштан аяк катышат. Жайыл акылман, кыраакы, калыс адам болгон. Жайылдын Теңиржан деген жубан өзүбек аялынан: үсөн, Теке, Асан, 2-Айке аялынан: Итике, Бакы, Багышан Кетмен-Төбөдө өлгөн. Бакыдан калган жесирди Жайыл алып, андан Байбек аттуу балалуу болгон. Байбектен тукумдар бар.
         Кошой өлгөндөн кийин бийлик Жайылга өткөн. Ошондо ал 50 жашта болгон. 1755-1770-жылдары бийлик жүргүзгөн. Окумуштуу-синолог В.Кузнецовдун монографиясында жана Чокоев Кадыркулдун жазып калтырган санжырасы боюнча Жайыл Кытайдын Манжур Цин династиясынан, кыргыз чек арасын бөлгөн үч жолу Цин падышасы Цян Лунгга (1753-1758-1761-жылы) элчи жиберип, дипломатиялык алака жүргүзгөн (Кузнецов Кытай тарыхынан алып жазган). 1758-жылы Жайылдын жортуулдаш чоросу кытай, калмак тилин билген Нышаа баатыр (солто уруусунан делегациянын башчысы), Черикчи Теңир уулу (бугу-сарбагыштын атынан) Төрөке (чекир-саяктан), Шүкүр (кушчу) барган.
         Кытай тарыхында император Цянь-Лунь тарабынан кабыл алынган. Бейжин (Пекинде) 1756-жылы кыргыз жери менен казактардан куулган жунгар-ойротторду Цин падышалыгы толук кырат. Тарыхта 1-чи жолуккан геноцид ошондо Жунгарияга оогон ойрот-калмак качкындарды Кытайдын Манжур Цинь династиясынын Богдыханы Хун-Ли кырат. 2 миллионго жакын жунгар-ойроттор кырылган деп белгилейт.
         Санжыраны жазып калтырган киши Москва районунун Мураке кыштагында жашап өткөн Чокой уулу Кадыркул 1970-жылда 80ден ашып каза болгон. өзү билимдүү молдо адам экен. Эсенамандын кичүү уулу Адылбек. Адылбектен Чокой. Чокойдон Кадыркул. Санжыра дептери Стамовдун колунда.
         Эсенаман, Бөрүбай, Түлөберди бир энеден Жамансарттын уулдары. Жамансарт Кошойдун баласы. Кошой 85 жашында өлүп, Кетмен-Т-б-д-гү Коңур-өлөңгө коюлган. Кадыркулдун санжырасы боюнча 1755-жылы өлгөн.
         Солто эли Чүйдү толук ээлегени 1755-жылга туура келет. Эсенаман 1756-жылы Чүйдө төрөлгөндөн атын ырымдап Эсенаман коюшкан.
         1758-жылдан Ысык-Көл, Ат-Башы, Каркыра, Кеген, Какшаал, Текес жерлери кыргызга өтөт.
         Чоң Айылчы, Бала Айылчынын санжырасы боюнча Жайылдын даңкы чыккан мезгили 1733-жылга туура келет.
         Чүйдү бирге жашайлы, Талас менин бай тактым болсун деп Аблайхан элчи жиберет. Буга Жайыл, кыргыздар макул болбогон соң 1770-жылы Аблайхан 20 миң колу менен чабуулга өтөт. Биринчи согуш Таластын Чоң Капкасында болот. Ошондо Ала-Көз Каба саяктын Эр Садыр балдары менен колго түшүп мууздалат.
         Бул согушта Жайыл жетекчилик кылат. Согушка түндүктөгү кыргыздар катышпай калат. Сокку Чүйдөгү солто элине тийет.
         Аблайхан менен беттешкенде Жайыл 65 жашта болгон. Кийин Чүйдөгү согушта кыргыз уруулары бириге албай, Жайыл 500 колу менен каршы турат. Көп колго туруштук бере албай чегинип олтуруп, Канттын үстүндөгү Жайылмада согушуп, алсырап чегинип келе жаткан жоокердин алдынан Жайылдын аялы Темиржан жайдак ат минип каршы алып, дамбалын таякка илип ураан таштайт. “Ушул дамбалдан ары качып өткөнүңөр катынсыңар” деп, өзү кыз-келиндерди эркекче кийинтип алып согушка кирет. Согушта жарадар болгон Жайыл үч күнү ат жалынан түшпөй ат которуп минип, майданды токтотпойт. Акыры колу түгөнүп алсырап, азыраак жоокери, балдары менен кошо Аблайхандын колуна түшүп мууздалат.
         өлгөн жоокердин ичинде эркектин кийимин кийген кыз-келиндин өлгөнүн көргөндө Аблайхан таң калган экен. Тирүү калгандарын туткунга ала кетет (ошондо Түлөберди – 1770 – 18, 1752-жылы туулган болот). Көкчө Тоодо ошондон улам, жаңы кыргыз, чоң кыргыз деген аймак пайда болот. Түлөбердинин тун уулу Байтиктин атасы Канай ошол ак үйлүүдө жүргөндө казак жергесинде төрөлөт.
         Бул согуш “Жайыл кыргыны” же “Жайыл майданы” деп айтылып калган.
         Чаанын баласы Каракчы – өз аты. Солтонун көпчүлүгүн Талкандын тукуму бийлеген. Каракчынын тукуму Талканга кошулбай өзүнчө бөлүнүп жүрүп уурулук жакка да барган сыяктуу көрүнөт. өзүнчө бөлүнүп жүргөндөн Талкан тукуму Каракчыны “бөлөкбайлар” деп аташкан. Ошондон бара-бара Бөлөкбайга айланып кеткен деп айтылат.
         Байсейит Саманчы деген баласын казактын Жалайыр деген элинин ак үйүнө өкүл кылып жиберет. Бир нече жылы жашайт. Күндөрдүн биринде Байсейит элинен көп жылкы уурдап келатканда казактар кармап алып өлтүрүп коёт. Сасык, чолок, өлөөрдө: “өлсөм да казактан жогору турам” деп айткан экен.
         Бул окуяны Байсейит күн мурунтан билип, баламды казактар өлтүрүп койбосун деп Жалайыр элинде жүргөн Саманчыны көчүрүп алат. Саманчы кымбат баалуу аң терилерден жасалган бумюдары көп болгондон, аны көрөбүз деген кыз-келиндер келүүчү экен, аялдар кайда бардыңар деп сураса – Жалайыр акенин үйүнө бардык дешчү экен. Ошондон Саманчыны Жалайыр деп айтып калыптыр. Ушул күнгө чейин “Жалайыр уруусу” деп айтылат. Бул Ысык-Атанын Сынбаш, Аксай айылдарында жашайт.
         Саманчы (Жалайырдын) уулу Байжигит ар дайым тумак кийип жүрчү экен. Бөлөкбай элинде чоң той болуп, улак тартылат. Байжигит тумагы менен улакка түшүп, далай байгеге ээ болот. Ошондон эл көзүнө көрүнүп, Байжигит аты калып “Тумак” деп аталып калган дешет.
         Байсейиттин кенже баласы Чулу күнөстөп олтурса тоого айдап бараткан бир короо койдон бир кой бөлүнүп, карагайдын түбүнө жатып калат. Аны көргөн Чулу барса ал койду агасы Ногой союп жаткан экен. Чулу – бул койду мен мурун көрдүм эле, алып кетем десе, агасы Ногой бербей коёт. Экөө талашып, коңшуларынан бирөөнү калыска чакырат. Калыс чырлашпагыла, койдун этин үчкө бөлөлү да үчөөбүз алалы. Ээси келсе бир аксак бөрү жеп кетиптир, бөрүдөн калган этин жору жеп кетиптир деп айтып кутулабыз десе баары макул болушат. Ошондон Ногой “Аксак бөрү”, Чулу – “Жору” аталып калат.
         Чулу мүнүшкөр экен. Казактын бир каны өз жеринен бир калтарды кармай албай жүрүптүр. Чулунун мүнүшкөрлүгүн угуп кан: “Калтарды кармап берсе бир кызды үй көтөрүп, аялдыкка көчүрүп берем” – дептир. Чулу кара калтарды кармап, канга тапшырат. Кан убадасын аткарып бир кызга үй көтөрүп, Чулуга көчүрүп берет да, ага: “Түтүнүң 30га жетпесин, ичинен бир жакшы кетпесин, жакшынын жашы 40ка жетпесин” деп бата берген экен.
         Жакыптын Жаманкарасы баатыр болуптур. Күндөрдүн биринде Жаманкара үйүндө чалкасынан көзүн жумуп жатса кулачтай болгон кара-чаар жылан анын төшү менен сойлоп, оозун көздөй жылып баратканын үй-бүлөсүнөн бирөө көрүп, өлтүрүүгө аракет кылат. Анда Жаманкара “тийбегиле” деп колу менен жаңдап көрсөтөт. Жылан Жаманкаранын ачылып жаткан оозуна барып, эки жолу башын чала киргизип, үчүнчү жолу башын киргизгенде, ал жыландын башын керте тиштеп жиберген экен. Ошондо жылан Жаманкаранын мойнуна оролуп, оозунан кан кетип мууна баштайт. Бир аздан кийин жылан өлүп, жерге түшүп калыптыр.
         Дагы бир күнү тиричилик кылып жүрсө Жаманкараны каракурт чагат. Ошондо жигиттери дарыгерди чакырып келели десе болбой коёт да, атын минип, 3-4 жигитин ээрчитип, чиркей күчөп турган мезгилинде калың камыштын жээгине барып: “Силер атты алып, чиркейлерден алыс барып тургула. Бир чайкайнамдан кийин мага келгиле” деп, өзү чечинип, камыштын арасына кирип кетет. Жигиттеринин бирөө “Эмне болду экен” деп барып караса Жаманкаранын этине жабышкан чиркейден денеси көрүнбөй калган экен. Жаманкара бир чайкайнамдан кийин турса, өлгөн чиркейлер жерге түшүп, томукка чейин жеткен экен. Ошентип каракурттун уусун чиркейлер соруп алып, Жаманкара айыгып кетиптир. Жаманкара менен Жангарач хан бир замандаш экен. Жаманкара тоготчу эмес дейт. Ошондуктан чочулап, кутулуунун жолун издеп, күндөрдүн биринде Жангарач хан бий-бектерин жыйнап, сөз баштайт. Кыргыз-казак тууганбыз, бирок кырылышып жатабыз. Ушуну токтотуп жарашсак деп ойлоймун. Казакка элчиликке киши жиберүүнү макулдашып, Чынгыш баатыр менен сүйлөшкөндө Жангарачтын сунушун Чынгыш кабыл алат. Казакта элчиликте: Жаманкара, Олжочу, Турсун баатыр, үкү, Бердике, Жээнгул, Бекчоро, Айтууган, Сарыке, Байтайлак, уулбек, Боруке – 12. булар кыргыздан тандалган баатырлары болгон. Булардын ичинен 11и Бөлөкбайдан, Боруке Талкан уруусунан.
         1844-жылы Эртиш дайрасынын боюнда Кененсары, Норузбай хан ордосунда турган жерге 2 айда барышкан. Баргандар салам айтышканда, жакшы алик албады. Жаманкараны Кененсары хан караганда көрүнүптүр кара-чаар кабылан, түңүлүптүр жанынан. Тирүү турса кесээр деп менин башымды, андан көрө бул дөөнү өзүм жайлайын деп ойлоптур. “Кана жигиттер, аттарын алып, меймандарды күткүлө, меймандар үйгө киришсин, эс алып, ойноп күлүшсүн. 1-2 күн жүрүшсүн, андан кийин сөздү баштайлы”, - деп боз үйгө кийирген. Кененсары өз үйүнө барып, бүт бектерин чакырып кеңешип, кыргыздын ажыдаары өзү жойлоп келди. Кудай мага берди. Тирүү койсок кырат элди, басып алат жерди. Ошондуктан шерге аркан салайын, жүрөгүн сууруп алайын”, - дептир. Бул сөздөрдү кызы Каракаш угуп, эртеси чоң үйгө барып, үзүктү тилип жабыкбаштан шыкаалап сынап, сынына толуп кыздын кумары тарады. үйүнө барып энесине: “Жазы маңдай жар кабак, жалаяк ооз, чуңкур көз, айтайын эне бир чоң сөз. Кырдач мурун, шеркулак, ыйык экен ал чунак. Сырттан экен кулун жал, тең келбей буга эч бир жан, бука моюн сымбаты, адамзаттын кымбаты, кара таштай турпаты, эки ийнине эки жору конгондой; арыстандай түрү бар, ажыдаардай сүрү бар; буга тийген адамдын тирүү калбас түрү бар”.
    Ушуларды айтып Каракаш боздоп ыйлады. Бул олуялык көздөрү аман алып калууга даба кылбады. Мыкаачы хан атасы күн шашкеге келгенде меймандарга бир аз тамак берип, колдорун байлап, арканга керип канкор Кенесары жакын барып Жаманкара баатырды тиктеп мыскылдап: “Ичээр сууң түгөнүп, көрөр күнүң бүтүптүр, кандай өнөрүң бар, айтчы. Ошону угайын, ошонуңа чыдайын”, - деп айтканда, баатыр: “Бошоткун мени аркандан, койбогун адам аркамдан”, “жаралуу кызыл” атымды бергин, 500 же 1000дей кол курап кел, ошондо жалгыз сайышып көрөйүн, ажалым болсо өлөйүн, ажалым жок болсо кыргызга аман кетейин. Ошондо көргүн өнөрдү, ошондо билгин өлөрдү” деген сөзүнө хан көнбөдү. Иниси Норузбай 100 жигит алып жаныма, баатыр менен сайышка мен түшөм деп ханга бурулду. Ошондо хан айткан: “Сен эмес, сага окшогон 1000 болсун, баары буга чак келбейт, эч кимге бул мөөрөй бербейт, андыктан өлүмдөн башка пайда жок”.
    Жаманкара баатырдан коркушуп, капыстан кыл аркан салып, кыйнап, эки бөйрөгүн сууруп алдырып таштап, эшикке чыгарып салат. Ошондо Жаманкара чымырканып басып жүрүп жарым түн жылдыз толгондо: “Элим менин кунумду үч жылдан кийин доолашсын”, ага чейин элди уюштуруп, жоону чабыштын акылын Ормонго, ички колду Төрөгелдиге койсун, жалпы акылды Чынгыштан сурашсын” деген сөздү айтып өлгөн экен (Тыналы көргөн). Ошондо Жаманкара 44 жашта экен (1800-жылы туулган болот). Барган баатырлардын баарын өлтүргөн экен. Жаманкара өлгөндөн кийин Кененсары, Норузбай: “А биз жакында кыргызга чабуулга барабыз, ким бизге жол көргөзөт?” дегенде, Тыналы: “Мен көргөзөм” деген экен. Казактарга жол көргөзүп, Чүйдөгү Мыкандын Карасуусун көздөй жөнөтүп, өзү артта калып, качып кеткен. Бул Тыналынын акылдуулук кылган иши. Жаманкаранын арбагын сыйлаганын билгизип турат.
         Арадан 15 ай өткөндө кыргызды чабам деп 15 миңче кол менен хан Кененсары жөнөп, азыркы Токмок аймагына келип согушуп, Мыкандын Карасуусуна кабылап көп казактар ханы баш болуп өлгөн экен. Жаманкаранын каргышы ката кетпептир.
         Көзү ачык кызы – Каракаш ушунун баарын билген дейт. Чоткара менен Чынгыш бир тууган. Чоткарадан Жаманкара. Жаманкара өлгөндө Чынгыш күйүттөн бир жыл турбай калган дейт. өчүн алуу милдетин өз мойнуна алып, 80 жигит камдаган сарбагыш, бугу, саяк, кушчу, кытай, саруудан көп күлүктү сураткан, жеңилбес күчтү жараткан. Жаманкара кунуна Шооруктун башын байлаган. Сексен жигит Чүй суусу жылгын башы Кара-Коңуз өрдөгөн. Сары-Жарды басып, Кара-Кыштактын оозуна жетип бекинип калышты. Чалгынга бешөө чыгып, 400чө айыл кызыл уук болуп жаңыдан тигилип жатат. Жайлоодон түшкөн көрүнөт деп айтып келишкен. Шоорук деген чоң баатыр эле. Жаманкара баатырга далай жолу алдырган. Ажыдаардай зор баатыр, сайышсам деп дегдеген. Төрөдөн кем эмес улуу жүздүн тукуму уул атынан тараган. Мына ушул Шоорукка Чынгыш чалгынчыларын жиберген.
         Самак баатыр Шоорукту тааныптыр. Мурда Самак Шоорук менен эки жолу беттешкен. Алыша албай бирин-бири кектешкен. Шоорукту сылтып басат деп уккан. Чоң түзөң жерге көчү токтоду. Аңгыча эки боз үй тигилди. Боз үйгө Шоорук токтоп, атынан түшүп, ээрин алып жайдактап, мамыга байлады. Айылдан окчун жерде көп жылкы жайылып жатат. Буларды көрүп, Шооруктуку турбайбы дешип 80 баатыр атка минишип, соодагер кейпин кийишип, көйнөктөрүн башына чалышты, селде кылып алышты. Найзаларын сүйрөтүп, сарттарга окшоп калышты. Бейкут жаткан Шооругуң дубаналар деп ойлоду. Шооруктун көп жылкысы айылдан бир чакырымдай жерде эле. Ушул кезде Шооругуң үйгө кирип суусун ичем деп буйдалган убакта сексен кыргыз ат коюп, көп жылкыны айдады, жылкычынын экөөнү найза менен жайлады. Шоорук шашып эшикке чыгып, батышты караса катуу дүбүрт угулуп, чаң асманга чыгыптыр, жайыт жакты караса жылкы калбаптыр. Жанагы топ дубана Шоорукту алдаптыр. Катуу айдаганда узап кетиптир.
         Самак Күрпүк артка калып Шооруктун алдын тосуп, көмүскө жерден орун алыптыр. Муну көргөн казактар жоо тийди деп бакырганда Шоорук шашып жайдак атына минип, 100 жигиттин алдында жоону кууп баратканда, капыстан Күрпүк Самак качырып, Шоорукту ыргыта сайды. Күрпүк артынан таамай далыга коюп өткөндө найзасы чыга түштү жүрөктөн. 2-3 бурап сууруп алып найзаны, кошо Шооруктун найзасын алып төтө жолго салышты. Алысыраак арадан 100дөй куугунчуну көрүп кете беришти. Куугунчулар Шооруктун өлгөнүн көрүштү.
         Артынан барган куугунчуларга кыргыздан Самак, Күрпүк, Карагул, Бердике баатырлар жолдо жашынып туруп качырып чыгып, экөөнү сайып түшүрүп, бирөөнү өлтүрүп, бирөөнү тирүү колго түшүрүп, ушул жолу сайышка 80 баатыр барышып, Жаманкара баатырдын кунуна – эр Шооруктун башы, 700 жылкы, бир кул туура келиптир.
         Шооруктун канга боёлгон Самак эрдин найзасын, канга жуулган Шооруктун көйнөгүн Чынгышка бериптир. Бул окуя 19-кылымда (1847-жылы) болгон экен.

         ЭКИНЧИ АЙТЫЛЫШЫ.                                                  (түзүмгө)
         Казак Өтөгөн баатыр менен Жаманкара баатыр дос экен. Өтөгөн Жамакараны конокко чакырып, жайлоодогу үйүнө барат. Бир күнү кечинде Кененсары хандын иниси Норузбай 40 жигити менен Өтөгөндүн үйүн курчап калат. Өтөгөн чыгып, салам айтса, Норузбай алик албай, кыргызың кайда дейт. Өтөгөн жооп бере албай турганда, ай балам сабыр кылчы, Жаманкара өз баламдай эле. “Өлтүрөр оюңар болсо, мага көрсөтпөй ыраак алып кеткиле”, - дейт Өтөгөндүн энеси.
         Бул сөздөрдү Жаманкара угуп олтурат. Качып кетсе, кутулуп кетмек. Бирок качууну намыс көрүп, олтура берет.
         Антташкан досум эле, өзүм барып ээрчитип келейин деп конок үйүнө кирип: “Баягы кан ичээрлер келишти, сенин ажалыңдын жеткени, менин абийиримдин кеткени. Кандай кылабыз досум? Канча киши?”. “40 киши. Атымды алдырып бер, бир беттешип көрөйүн, айтып көрчү” - дейт. Норузбай мындай шартка макул болбой, жабыла кирип, баатырды тышка сүйрөп чыгарып, ыраак алпарып, кылычтап өлтүрүшөт. Ошо жер Жаманкаранын жылгасы деп айтылып калган дейт. Казак-кыргыз чабышынын башталышы ушул болот.

         Чаа бий болуп турганда казактын ханы Эшимкан экөө дос болгон. Ташкендин беги Турсунду көп колдон ажыратып алган, элин багып турган. Санчы-сынчынын аткачырбас боз айгыр дегени Жанкарачка, Эркачырбас шалк этмеси дегени Байтикке туура келет.
         Кокон хандыгы күч менен кыргызды басып лапы, элин кул-күң кылып эзип турганын көрүп, Байтиктин каңырыгы түтөгөн. Кокон хандын жиберген Атабек даткасы Бишкекти 8 жылы башкарган.
         Атабек датканын ордуна Рахматулла келген. Бул мыкаачы кыргыз элине кан чеңгелин салган. Ошондо Байтик Кокон хандын эзүүсүнөн кутулуу максатында солто элинин билермандарын чакырып, жашыруун кеңешкен. Алтын, күмүш дүнүйө, арбын сыйлык беребиз да, конокко үйгө чакырабыз, келсе Рахматулла кушбегинин башын кесебиз деп макулдашып, 6 ай камынат. Бул арада 1000ден ашуун кишини ат-куралы менен камдады. Он, жүз башчыларын шайлады. Жөндөмүнө жараша аткарар кишиге тийиштүү тапшырма берилди.
         Байтик тымызын күчтү камдады. Рахматулланын оң колу Абылказыны кармады. Көп дүйнө, көп акча Абылказыны алдады. Абылказы миң башы бал тилге салып, акырында Рахматулла конок болуп барууга макул болгону. Эки атка арттырып, алтын-күмүш алганы. 60 киши ээрчитип мейман болуп Байтикке барганы. Ак чий, шарпылдак жерине, солто элине Байтик ардактап тозуп алганы. 12 канат ак үйгө киришти. Рахматулла, Мааразык датка, Шаани, Камалкожо, Закиркожо, Абылказы миңбашы, Канатшаа – аскер башчысы, Бишкек чептин сакчысы.
         Байтик, Апар-байбиче, Балыкооз акылман, Байтүгөл, Мырзаалы, Сарыке молдо. Кеңири дасторконго толтура тамактар коюлган. Кызыл чай, таза тунма кымыз куюлуп сунулду. Эки тарап тең көп сөздөр айтылды. Башкы сөздө Кокон каны макталды. Ошол маалда эшиктен күтүлбөгөн сурнай үнү угулду, тогуз жолу кубулду. “Аткеттини” боздотту. Эр Байтиктин кылганын чоң казатка окшотту. Бул белгиси Байтиктин. Кирип келди 4 жигит. Байтик, беш кыргыз атып чыкты эшикке. Ошол кезде үйдө чарпышты. 4 жигитке бой бербей, 3 сакчысы Рахматулланы атына мингизип, эки сарбас кайтарып качкандыгын билгизди. 40 сарбастын оң үзөнгүсү кыркылып, мине алышпай колго түшүп калышты.
    Жолунан камышка жашынып турган Көкүм качырып найза сунганда капыс тийип Рахматулла аман калды. Алды жакта камышта жашынып турган Төлөгул качырып теке маңдай келгенде, найза суна бергенде Рахматулланын далысынан найза чыгыптыр, белинен найза сыныптыр. Сулап жаткан Рахматулланы көрүп, удаа келген Шераалы аттан түшүп, канкордун башын кесип алыптыр. Төлөгул, Көкүм кесилген башты ала чаап, Байтикке келиптир. Байтик башты көрүп, миң жигит менен Бишкекке чейин курчап, киши кетирбей, чыгарбай кармап турган. Ошол замат Байтик подполковник Калпаковский башкарган аскерине орустан 5 жигитин чаптырган. 500чө орус аскери 4-күнү келген. 15 күндүн ичинде чепти бузуп берген.
         Ошентип Байтик орус менен бирдикте Коконду жеңген. Азаттыкты кыргызга өз колу менен берген.
         Бул окуя 1861-жылы болгон. Ошондо Бишкеке уездди курган. Байтик орун басары болгон. Капитан наамы берилген. Алтын миң сом, бир мылтык менен сыйланган.

         Схема 59. Стр.112

         Схема 60. Стр.113

         Схема 61. Стр.114

         Схема 62. Стр.115

         Талкандын балдарынын балдарынан бирөө солто жактан көчүп, Чоң-Кеминдеги Дөөлөстүн балдары Аюке, Токтакылардын арасына келип эл болуп калышат. Мунун себебин азыркы жашагандары билбейт. Эгинчинин уулу Сансызбайдын айтуусу боюнча Бешкөрүктүн иниси – Мааке

         Схема 63. Стр.116

         Схема 64. Стр.117

         Схема 65. Стр.118

         Схема 66. Стр.119

         Схема 67. Стр.120

         Долонбийдин баласы: Аг-уул (Абылдан) Наалы эже, Адигине, Тагай. Наалы эже атасы өлгөндө эки иниси менен Кара-Кужурдан Анжиян тарапка сүрүлүп барат. Ал жерге барган кыргыз элине баш-көз болуп турат. Адигине, Тагай эр жеткенде, Адигине, сен улуусуң, башкарып мал-мүлккө баш-көз болгун. Тагай, сен кеп-сөз айтууга, эл арасында элдин мүдөөсүн аткарууга ылайыктуусуң, сен бий болгун дейт. Ошондо Адигине бийди тапкан экенсиң деп кетип калат. Ошондон Адигине Тагайдын ортосу бузулуп, айылы алыстап, бөлүнө баштайт. Бара-бара катташпай калышат.
    Адигине Алайды, Кара-Сууну жердеп калат. Калмактар кыргыз жеринен сүрүлө баштаганда Адигиненин тукуму Алай, Гүлчө, Кызыр-Ата, Алай-Кууда калып, Тагай тукуму Жети-Суу тарапка ооп, Ысык-Көл, Чүй, Нарын тарапка көчүп келет. Ошол мезгилде Тагай тукумунан, Наалы эже тукумунан таралган айрым уруктар Фергана, Анжиян, Хожент, Чаткал тарапта кала берет. Тагай тукумунан калганы кийин ал жерден ичкилик урууларына кошулуп, айрымдары токсон боолуу өзбек уруусуна аралашып кеткен. Азыркы учурда кыргыз арасында жолуккан Конурат, Аргын, Найман, Кыпчак, Кыят, Кытай, Кангы, Тангыт, Мангыт, Тубай (Тобой), Тейит уруулары өзбек урууларынын ичинде да бар. Кыргыздын оң канатына кирген уруулар негизинен: Адигине, Тагай, Наалы эженин тукумдары болуп эсептелет. Ондун тукуму деп аталат. Булар 16-кылымда жашаганы белгилүү. “Маджну-ат-таварик” жыйнагында жолугат. Кыргыздын санжырасында ар кандай айтылып, монолдор, конурат, черик уруулары жөнүндө толук аныкталбай келе жатат.
         Мисалы: 1-кыргыз-монгол согушунда Долонбийге Дайыр, Көкө колго түшкөн бир тууган эки баланы Наалы эже малай катары жумшап жүргөндө, күндөрдүн биринде Көкө уктап жатканда от күйүп турганын көрүп, мында бир сыр бар, жөнөкөй адам болбойт деп аны жактырып, Наалы кийин Көкөгө баш кошкон десе, экинчи бирөөлөр: Анжияндагы Ичкилик уруусунан Кылыч хандын балдары Дайыр, Көкө болгон дейт.
         3-кыргыз-калмактын согушунда Дор деген аттуу калмак бала колго түшүп, Наалы эже багып чоңойтуп, үйлөнтөт. Ошондон Дордун тукуму монолдор деп аталып калган дешет. 4-Наалы эже өзү минип жүрүүчү күлүк коңур-күрөң атын согушта жоого минсин деп инилерине берсе, инилери атты душмандын колуна түшүрүп жиберишет. Бул аттын ордуна (кунуна) келген баланын атын Конурат деп ат коёт. Мындан конурат эли таралган дешет.
    Атты ээрчитип кеткен Актаман деген тайгандын ордуна келген балага Черик бостон (же черик) деп ат коёт. Мындан черик бостон эли таралат, булар Кытайдагы уйгурларга кошулуп кеткен дешет. Черик-бостон уруусунан кыргыз элинин арасында да көп кездешет. Курал-жарак, ээр токум, жабдыктын ордуна келген балага Чертке деп ат койгон. Булардын тукуму өтө аз, ар кайсы жерде. 5-Кашкар тарапта жашаган кыргыздын Нойгут уруусунан Болотхандын баласы Кылыч хандын 1-аялынан Дайыр, Көкө болгон. 1-аялы өлгөндөн кийин 2-аялды алган. Бул 2-аялы – мен төрөп балдарым чоңойгончо Дайыр, Көкө жетилсе, кокус Кылыч хан көз жумса – ордуна экөөнүн бири ээлик кылат, ага чейин жоголсун деген ой менен Кылыч ханга Дайыр, Көкөнү жогот, сен жокто мага көз артып, абийиримди кетирип койчудай деп ыйлайт. Кылыч хан аныгын териштирбестен желдетине эки баланы талаага алып барып, өлтүрүп таштоого буйрук берет.
    Желдети экөөнү айдап баратканда, жолдон ак жерден өлгөнү жатабыз, бизди өлтүрбө дегенде желдет ишенет да – силер ич кийимиңерди чечип мага бергиле, хандын көзүнө көрүнбөй алыс кеткиле дейт. Желдет ич кийимди улактын канына боёп, ханга алып барып берет. Экөө качып отуруп Ат-Башыны ашып, Нарында Адигине, Тагайга келип, болгон окуяны айтып беришет. Дайырга-тоо Көкөгө уй бактырып коёт. Ошол кезде кыргызга чектеш калмактын ханы Корун той берип, балбан күрөштө кыргыз балбаны жеңсе жерин таштап кетем, балбаны жеңилсе Керме-Тоону бүт мага берет деп жарлык кылган. Калмактын Боко балбаны Шаброго Адигине, Тагай кишини таппай турганда Көкө чыгып балбанды жыгат. Атайын коюлган желдет Шабронун башын алат. Калмак ханы убада боюнча кыргыз жеринен кетет. Көкө, Дайыр ошондо эл көзүнө көрүнүп, кадыр-баркка ээ болот.
    Адигине, Тагай кеңешип Наалыны Көкөгө алып берет. Дайыр – мен улуу болсом, Наалыны мага алып бербей, Көкөгө алып берет деп таарынып, казакка көчүп кетет. Казак ичинде Дайырдан таралган тукум жалайыр аталып калган дейт. 6-монгол элинен киши өлтүрүп, эки бир тууган Дайыр, Көкө качып келишип, Адигине, Тагайга жигит болуп, Көкө Наалыга өз ара мамилесинин болгонун аялдар байкап Адигине, Тагайга айтканда, силер эжеңерден аныгын сурагыла дейт. Сураса Наалы инилерин макул болсо Көкөгө баш байлап койсун дейт. Ошондо Наалы Көкөгө баш кошот. Дайыр таарынып, казак элине көчүп кетет. Ошол жактан үйлөнүп, жашап калат. Дайырдан Албан деген эл таралган дейт. Кыскасы, Наалы эже Дайыр, Көкө, Конурат, Черикпостон, Чертике - бул колго түшкөн балдарды багып, чоңойтуп, иштетип жүргөнүн негизинен санжырада толук аныктайт. Көкөдөн: 1-Наалыдан Могол туулат, 2-калмак аялдан Дор туулган. Могол менен Дордун тукуму кийин моңолдор уруусун түзгөн.

         Толуктоо ирээтинде:
         Чертке – деген аттын мааниси. Илгери өзбек эли армияга же элин, жерин душмандан сактоо үчүн армияда, б.а. жоо бетинде турган жоокер балдарын (“черү”) черүүдө жүрөт дешчү экен.
         Ошондон курал-жарак үчүн келген балага черү эмес чертике деп атын койгон деп айтылган сөздөр бар. Өзүбек эли жоокер-аскерди черү, чертике деп айтчу экен.

         ДАЙЫР, КӨКӨНҮН БАЯНЫ                                                  (түзүмгө)
         Илгери Фергана өрөөнүндөгү Арсланбап жеринен тору кыпчак уруусунан Султан Жалил деген бийдин уулу Султан Кылыч кан болот. Кылычтын уулу Арыстан да кан болуп турганда өзгөнгө мунара, Ат-Башынын Таш-Рабатына таштан 40 бөлмөлүү караван-сарай, көптөгөн кооз күмбөздөр салдырган.
         Кылыч Арыстанды калмактын динине кирип “буркан” болуп кетти деген ушак сөздөр тараганда, Кылыч качып казактын азыркы Актюбинск деген жерине барып жашап, ошол жерде кайтыш болот. Кылыч Арстандын эки аялы болгон. 1-аялынан – 3, 2-аялынан Дайыр, Көкө төрөлөт. Атасы өлгөндөн кийин эки аялдын балдары батышпай, Дайыр, Көкө качып, Адигине, Тагайга келип жашап калышат. Ошол мезгилде кытай, кыргыз эли жер талашып чатак болгондо Көкө чоң эрдикти көргөзгөн.
         Ошондон Наалыга Көкө үйлөнгөн дейт. Көкө денесин кишиге көргөзбөй жуунчу экен. Аны Наалыга: “Мен жуунганда алдымдан карабагын”, - деп айткан. Наалы бул эмнеси деп күндөрдүн биринде Көкө сууга киринип жатканда шыкаалап караса, жүрөк-боору айнектен көрүнгөндөй көрүнөт. Олуя Көкө муну билип, Наалыга: “Эмне үчүн алдымдан карадың? Эми күнүм бүттү, ичиңдеги бала эркек болсо, атын Моңол кой” деп, көп узабай кайтыш болгон дейт.
         Кыргыз менен калмактын согушунда калмактан колго түшкөн кызды (Дорду) Наалыга берген (Дор – калмакта кыз деген сөз). Баласы Моңол менен Дорду чакырганда Моңолдор деп жүрүп булардан төрөлгөн балдар кийин моңолдор уруусун пайда кылган деп айтышат. Бул бир жагы.
         Наалы эженин өз баласы.
         Көкөдөн Могол (Наалы, 1-аялдан) .
         Дор (2-калмак аялдан) .
         1) Экөөнөн тараган балдары биригип, кийин моголдор уруусу деп айтылып калган деген сөздөр бар.
         2) кыргыз-монгол согушунда Долонбийге колго түшкөн Дайыр-Көкөнү Наалы багып, малай катары жумшаган деп айтылат.
         3) күлүк атынын кунуна (ордуна) алган бала Черик бостон, курал-жарак, ээр токум, жабдыктын ордуна алган бала Чертике деп ат коюлуп, бакма (тондуу) балдары болгон.
         Наалы эже турмушка чыккандан кийин жогорудагы балдар Тагай бийдин карамагында калып, бакма (тондуу) букарасы катары жашап калышкан. Моңолдор уруусу көп. Эл арасында “моңолдор” деп экиге бөлүп айтылган. Мунун себеби: балдардын өңүнө жараша айтылган болуу керек дешет.
         Илгери кыргыз-калмактын ортосунда болгон согушта калмактар кыргыздын Темир, Темиржан деген эки баласын олжого алып кетишет. Кыргыздар намыстанышып, балдарды алып келиш үчүн моңол тукумунан Тайлак деген баатырды жиберишет. Ал балдарды алып келет. Жетилип экөө үйлөнүп, балалуу болушат. Балдарынын өңү-түсү кара болгондуктан “кара моңолдор” деп айтылып калыптыр деген сөздөр бар.
         Т.Э. № 1 китептен. Моңолдордон тарагандар. 6-сүрөө.
         Моңолдордон Асан, андан Самансур, андан Сарыбай, Бакыбий (11 баласы болгон, Кыргызстанда 2 баласы калган).

         МОҢОЛДОР УРУУСУ                                                  (түзүмгө)
         Моңолдордон: Тогонбай (кара моңолдор), Асан, Адыл (кара моңолдор). Асандан: Самансур, Бекболот. Самансурдан Сарыбай (кара тукуму), Маана, Чалагыр, Бакы (ак моңолдор). Тогонбайдан: Нурдин. Нурдинден: Жапар, Кошой, Ысмайыл, Керим, Сапарбек, Капарбек, Капан – булардан таралгандарды кара моңолдор дешет. Адылдан: Алтыбай, Тайкотон, Талас, Солто. Алтыбайдан: Абыл, Алаш, Адырбек – буларды кара моңолдор тукуму дешет. Каратукумдан: Абылгазы, Сейтказы, Мангазы – бул үчөөнү үч кыйра дейт. Кара тукумдан: Эсен, Кунуке, Коной, Шайбек, Кара таман. үч кыйрадан: Улуу кыйра, Орто кыйра, Бала кыйра. Улу кыйрадан: Түркмөн, Кутугай. Түркмөндөн: Токо, Тойчу. Токодон: Олдойчу, Донуз. Тойчудан: Бегалы. Кутугайдан: Ала Көз, Бакы, Ынырчак, Самтыр, Сарык. Орто кыйрадан: Байгазы, Токтомуш, Курманаалы. Балакыйрадан: Кендүүтал. Мындан: Дуулат, Карач, Намаз, Ногой. Бакыдан: Алымсейит, Куттуксейит. Алымсейиттен: Баймонол, Раимбек, Орунтай, Бейше, Алгожо, Узакбай. Самансурдун Маана баласынан Тагайбер, андан: Тенкара. Куттуксейиттен: Алагыр. Алагырдан: Богонок, мындан Куусөөк, Бачеке, Чолок туума, Сырдыбай, Кабай, Олжобай, Абдыбек, өзүбек, Алагар, Кара. Куусөөктөн: Эштек, Назар, Саргашка, Акжол, Токо, Кочок. Алагардан: Карып, Карасуто, Байлык, Чагыр, Малик, Карга. Чолок туумадан: Сабай. Моңолдор уруусунун көпчүлүгү Тянь-Шанда баардык жерлерде бар. Моңолдор уруусунун бир кызын Чынгызхан алган деген сөз да айтылат. Ошондуктан Чынгызхандын заманында моңолдор эли көп зыянга учураган эмес. Ошондон моңолдор эли көп. Моңолдор журттун уюткусу деп айтылат.

          “Кыргыз санжырасы” китеби
         1994-жылы басылып чыккан китепте Мансурбай уулу Шераалынын айтканы боюнча (259-бетте): Көкө менен Наалы баш кошуп, балалуу болушкан. Баласынын аты – Могол. Келим-кетимдүү, кең пейил, элге кайрымдуу киши экен. Ошондон улам моңолдор –журттун уюткусу дешкен.
         Эскертүү: Моңолдор уруусу жөнүндө
         Моңолдордон – Асан (дан) – Самансур (дан) 11 уулу болгон деп айтылат. 9 баласынын тукуму казакта, Кытай, Ооганстан, Индия ж.б. жерде. Кыргызстанда: Сарыбай, Бакыбай.
         1) Сарыбайдан тарагандары: Чүйдө, Ошто, Таласта жайгашкан.
         2) Бакыбайдан тарагандары: Нарында, Ысык-Көлдө жайгашкан деп айтылат.
         Эскертүү: Санжырачылардын айтуусунда, Кочкорбай, Тентиш моңолдорго кошулбайт деп айтылат. Булар башка жактан келип, Токмат элине кошулган экен. Сыдык, Ызак жакырчылык турмушта малай болуп чоңоюптур. Колхоз уюштурганда эл Кочкорбаев Ызакты башкармага шайлап, колхозду 30 жылдай башкарыптыр. Социалисттик Эмгектин баатыры болуптур. Ызак кайтыш болгондон кийин колхоздун атын Кочкорбаев атындагы колхоз болгон деп айтылган сөздөр бар.
         Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шалба айылында жашаган моңолдор.

         Схема 68. Стр.127

         Схема 69. Стр.128

         Схема 70. Стр.129

         Схема 71. Стр.130

         Схема 72. Стр.131

         Схема 73. Стр.132

         Схема 77. Стр.133

         ЧЕКИР МОЛДОНУН ТУКУМДАРЫ                                                  (түзүмгө)
          Өз аты Молдо Юсуп. Улуту – котондук уйгур. Көзү чекир үчүн Чекир Молдо аталган экен. Кыргыз элинин момун мүнөзүн түшүнүп, “кожомун” деп кан Турсундун айылына жылыга келүүчү экен. Катагандардын зекетин чогултуп алып байып, кийин кан Турсундун кызын алыптыр. Ошол бойдон өз элине кетпей катаган элинде калат.
         Чекир Молдо аялы Кызылкыздан: Куртка, Маңгыт. Курткадан Түлөк, Курманкожо, Кулжыгач (үчкуртка деп коюшат). Маңгыттан – Курган. Курманкожодон – Күнтууду, Төлөк, Кара-күчүк. 1-аялы – Күрүчбектен - Кулжыгачтан – Караболот, Шааболот, Койке, Жөөдике. 2-аялы – Супканадан – Итэмген, Сүтэмген. Супкана талаадан тезек терип келгени кеткенде Күрүчбек ыйлаган балага итти эмизип тойгузуп, уктатып койчу экен (ошондон ит эмген деп айтылып калган дешет).
         Итэмгенден Иман, Чоро, Мурун, Жанболот, Бозтумак, кийин – Атантай, Тайлак. Сүтэмгенден – өйдөчекти, Боркемик.

         Схема 78. Стр.134

         Схема 79. Стр.135

         Схема 80. Стр.136

         Схема 81. Стр.137

         Схема 82. Стр.138

         КОҢУРАТ УРУУСУ                                                  (түзүмгө)
         өз мезгилинде Адигине, Тагай Биссар-Гулаптагы элди чаап алганда колго түшкөн адамдардан Наалы эжесинин буларга берген атын, тайганын, куралын бүт жоонун колуна түшүрүп жиберген. Ошол аты үчүн берген баланын аты Коңурат. Тайганы үчүн берген бала – Черик, курал-жарак, ээр токум үчүн берилген бала Чертике. Наалы эже буларды багып, иштетип жүрүп, өстүрүп, чоңойгондо үйлөнүп, өзүлөрүнчө эл уруусун түзгөн. Коңураттан: Байбөөрү, Байсары, Таңатар, Чырак. Байбөөрүдөн: Бейше, Болот. Байсарыдан: Каптагай, мындан Улан, Жараш. Уландан: Чалбаш, Атасары, Токтомуш. Чалбаштан: Досколот, мындан Калемдер, андан Кожомберди, андан Байболот, Белек. Байболоттон: Талып молдо. Талып 1849-жылы Чырак айылында туулуптур. Байболот өз убагында арабча окуп, билимдүү болгон. Байболоттон: Элдике, Жандике, Талып (Жыргалбай), Кыдырбай, Акмат, Байымбек жана 3 кызы болгон дейт.
         Акматтан: Кенжебай, Абит, балдары бүт арабча окуган. Эл Акмат молдо дешип, революцияга чейин бала окуткан.
         1921-1922-жылдары Талыптын дмилгеси менен Чырак айылына мектеп ачып, балдар окуган, өзү да сабак берген. Байболот балдарын өзү окуткан. Талыптын биринчи мугалими өз атасы болгон дейт. Талып Караколдогу медреседен окуган жана китепканага келген китептерди көп окуп, өзүнүн билимин өркүндөтүп, кийин Кашкар шаарына барып, китепканаларындагы чыгыш элдер тууралу эски китептерди да окуган. Болжолу 14700дөн ашык китеп окудум дечү экен. Бүт өмүрү билим издөө, китеп окуу, эл агартуу, ж.б. максатында болгон (өткөн) .
         Билимдүү, калыс, чыгармачыл, акылман экенин эл билип, урматтап Акун аке, Талып молдоке деп жүрүп өзүнүн Жыргалбай аты унутулуп кеткен дейт. Талыптан (аялы Седекан): Абдырайым, небереси Насир, Байымбектин кызы Шарбүбү экөө 10-класста чогуу окуп жүргөндө 17-январда 1949-жылы Талып молдо дүйнөдөн кайткан Чырак айылында.
         Улан баласы Атасырадан: Токтомурат. Токтомураттан: Чокоажы, Сыдык, Мамбет. Токтомуштан: Улак, Майрык, Тилеке, Жаныш. Тилекеден: Эшимбек, Кенжекары, Дуулат. Энтериден: Жантай, Сокур, Жолболду, Кулболду, Төрө, Бакмурун, Термечик. Сокурдан: Муса, Отунчу. Отунчудан: Усуп, Абды. Жаныштан: Ажыбек, Карабек. Каргатайдын баласы Жараштан: Бөрү, Кутулмуш. Бөрүдөн: Оолжума.
         Талып молдо (Байболот уулу) 1855-жылы туулуп, 1949-жылы өлгөн дейт. Убукеев Айткулунун жазганы боюнча (өзүнөн сурап жазып алган, 1940-жыл). “Кыргыз санжырасы” китебинде 94 жашта болгон.
         Коңурат уруусу жөнүндө толук, так маалыматтар жок. Эл ичинде санжырада ар кандай түрдө айтылып келе жатат. Тарыхта Угуз кандын доорунда кыргызды – Орозхан, кыпчакты – Барман, 12 уруу тайчыкты – Тарта баатыр, 19 уруу коңуратты – Сарыбий деген акылмандар башкарган экен. Булар биргелешип калмакка, иранга каршы күрөшкөн.
         Ошол мезгилде Орозхан Отор деген уулдуу болот. Сарыбий кыздуу болуп, атын Разия коёт. Балдары чоңоюп, жетилгенде, экөө куда болуп, Отор Разияга үйлөнөт. үркөр, Баракан деген эки эркек, Санлак деген кыздуу болушат. Баласы жоктугунан тайатасы Сарыбий үркөрдү бала кылып багып алат. Ал жетилип кан болгондо, үргөнч шаарын салдырган.
         Оторкан менен Сарыбий биргелешип Ирандын падышасы – Ношатты өлтүрүп, Рүстөм деген баатырын колго түшүргөн. өз элин душмандан коргогон азаматтары Коңурат элинен болгон деген сөздөр айтылат.

         Тарыхта: Чынгызхандын 1-аялы Борте Коңураттын кызы болгон деген сөз бар. Айтылган санжырада Адигине, Тагай тажиктин Гиссар-Гулям деген жериндеги элди өзүнө каратып, көп мал-мүлк, туткунга алган кыз-келин, балдардан бирөөнү Наалы эженин душманга түшүп кеткен коңур-кула күлүк аттын ордуна (кунуна) берген. Ошол баланын атын Коңурат деп койгон. Ошондон коңурат уруусу тараган деген сөз да айтылат. Азыркы мезгилде чачыранды болуп жайгашкан. Мисалы: Кара-калпак Ассринде өзүнчө бир область, Чүйдө, Кеминде, Ысык-Көл областтын Жети-өгүз районунда, Быстровкада, Кара-Булакта ж.б. аймакта жайгашкан (№ 20-21-бет. Т.Э. № 1-т.)

         Схема 83. Стр.141

         Схема 84. Стр.142

         Схема 85. Стр.143

         өз учурунда жазылып калбай ооздон-оозго айтылып калгандан санжырада ар кандай айтылып келе жатат. Буга бирөө Наалы эженин Таманак деген тайгандын кунуна алган балага Чертике деп атын койгон десе, экинчиси – курал-жарак, ээр токумдун ордуна алган балага Чертике деп атын койгон деп айтат.
    Кимисиники туура экенин аныкташ санжырага кызыккан кийинки жаш муундардын милдети болоор деген жыйынтыкка келдим (басма № 21-беттен). (Т.Э. № 20-21. 52-бет) .
         Эскертүү: Акын Калмырза Чертике уруудан болгон. Болжолдо 1866-1916-жылдарда жашап өткөн.

         Схема 86. Стр.144

         Схема 87. Стр.145

         Схема 88. Стр.146

         Схема 89. Стр.147

         Эскертүү: Коңурат, Чертике сыяктуу Черикбостон тайгандын ордуна (кунуна) келген деп айтылат. Бул Черикбостондон тарагандар, Карачорону ээрчип келген Чериктен тарагандар менен аралашып кетип, кимисинен ким экени ачык ажырабай калды.      КАРАЧОРО УРУУСУ                                                  (түзүмгө)

         Тагайбий жашаган мезгили XVI кылымга туура келет. Ошол мезгилде Кашкарда XIX кылымга чейин тыштан келгендерге алып берүүчү (чоукендер деп аталган) ордо кыздары болуучу. Алардан төрөлүп калган балдарды Чалгырт деп аташкан. Кашкардын каны Эреше Ак үйлүүгө элчи катары Тагайбийди ордого алып кетет. Кийин бой жүргөн киши кирдеп кетээрин билип, Эреше хан ордо кыздарынын ичинен Нааси деген (өзбек же уйгур) кызды Тагайбийге алып берет. Тагайбий каным мөөнөтүм бүттү, уруксаат берсеңиз Наасини ала кетейин дейт. Анда Эргешехан: “Мөөнөтүң бүттү, бирок Наасини бере албайм, ал ордого таандык кыз”, - дейт. Тагай Наасиге: “Боюңда калды, эркек төрөсөң атын Чоро кой, менин Эрешеханда чоро болгон мезгилим эсиме түшсүн. Бала мени издеп калса, мына бул белги”, - деп макисин берет. “Кыз төрөсөң өзүң бил” – дейт. Мен Чүйдө же Кетмен-Төбөдө болом, ошол жерден табат деп кетет. Кийин Нааси Келдике деген өзбекке тийип, андан Саяк, Асыкты төрөгөн дейт. Кээ бири Тагайбийдин ордуна Мышыкбий ордого барганда Наасини ага алып берет, андан Мышыкбий Асылбек, Байышбек деген эки балалуу болот. Мышыкбий Эрешекандын каарына калып, даргага тартылат.
         Айрым санжырачылар бул экөөнүн аты Азык, Саяк деп айтышат. Айрымдары Тагайдан кийин Нааси өзүбекке тийген дейт, андан Келдике – деген эл бар Тынай элинин ичинде.
         Баарын деген эл бар Тынай элинин ичинде. Баарын Ак-өстөн айылында 20-30 түтүнү бар, Анжиянда, Таласта көпчүлүгү бар. Нааси Чорого Саяк, Азыкты кошуп Тагайдын дайнын айтып үчөөнү жиберет. Алар Кетмен-Төбөдөн Тагайды табат. Тагайга Чоро кестигин берет. Чоро балам тура, өңүң кара болуптур, Карачоро бол. Бул кимдер деп сураганда энелеш тууган экенин айтат. Тагайбий той кылып, байбичеси Айышбүбүнү чакырып Карачоро, Саяк, Азыкты эмиздирип, “Энеңдин ак сүтү, атаңдын ак батасы колдосун” деп элден бата алат.
         Айрым санжырачылар Чоро Тагай атасын издеп келе жатканда жетим бала кезигип, мен сиз менен кошо барамын деп азыгын көтөрүп алган, дагы жолдон бирөө, дагы бир бала кошулуп төртөө Тагайды таап келип, Чоро кестигин бергенде Чоро балам экенсиң, бул балдар ким деп сураганда, Чоро – бул жолдон жолугуп, азыгымды көтөрүп келди, булар аты-жөнүн толук билишпейт окшойт, жолдон кошулуп чогуу келдик дегенде Тагайбий, анда сенин атың Карачоро, азыгыңды көтөрүп келсе – аты Азык, мунуку Саяк, бул чердейген кичине бала аты Черик болсун. Төртөөң тең менин баламсыүар деп бирдей кийинтип, бирдей баккан дейт. Кимисиники чын экенин билбеймин, бирок Тагайбий бакканына караганда бакма балдары экени чындык деп ойлоймун.
         Карачородон: Балта, Багыш, Төбөй, Келдике. Балтадан: Нурманбет, Олжобай, Тулкучек, Дүйшөн, Тогузак, Кашкулак, Асан, Беки. Нурманбеттен суумурундар уруусу тарайт. Кунту. Кунту ичиндеги суумурундар. Түйтөдөн: Кайдоол, Чылпак деген уруулар тараган дейт. Багыштан: Жанкорооз, Көкүм, Карачач. Карачачтан: Түндүк Кавказдагы карачай эли таралган дейт. Куржун, Көкүнбай, Конок Бодом, Орчубек. Куржундан: Баарын, мындан Мадемил, Майдан. Көкүнбайдан: Тейишкан, андан Аккочкор, Канкы. Келдикеден: Бука, Каратон, Баба, Сарыкелдике, Каракелдике, Тамекичи, Кыркүй.
    Каратондон: Кармышак, Сопу. Бабадан: Абийир баатыр. Тамекичиден: Бокон. Кыркүйдөн: Кулуш Кемпир уулу. Олжобайдан: Жамгырчы, Малтабар, Шаабек, Чымчык, Мондуру, Буудайчы. Дүйшөнбүдөн: Кенже, Атан, Ботош. Асандан: Алкожо, Жанкожо. Малтабардан: Жээнбай, Элчибай, Маймөнкө, Эзет, Жоокатчы, Акбото, Шабото, Капсалаң. Маймөнкөдөн: Байтайлак, Карбос, Чыныбек. Шаабектен: Эсирге, Байконок, Адигине, Жээналы. Адигинеден: Качыке. Жээналыдан: Шоорук, Белеке, Бекберген. Чымчыктан: Барман, Толубай, Токой, Багдан. Эсиргеден: Сатыбалды, Какач, Супадай. Байгоноктон: Мамбет, Чодон.

         АЗЫК УРУУСУ                                                  (түзүмгө)
         Куттуктан: Азык, мындан Кашкелең, мындан Козугуна, Бычман, Байчубак, Бөрү. Козукунадан: Токтогул, Сатыке, Маамыт, Кыныр, Чагыр. Бычиандан: Дөөбай, Төлөк, Каракөнөй, Орозой, Жэдик. Байчубактан: Жанаалы. Сатыкеден: үмөт. Кынырдан: Караасык. Чагырдан: Талма. Дөөбайдан: Жакшыбай, Жалгай. Төлөктөн: Белек. Жанаалыдан: Байсеит, мындан Сарт, Марча, Бекечал, Дуула, мындан Баймат. Сарттан: Солпу, Кожош, Жумаш. Марчадан: Жамал, Жалжабаш. Каракөнөйдөн: Жанбала, мындан Кароолу, Жумаке, Конокбай. Кароолудан: Карасай, Карагул, Темир. Кашкелеңден таралгандарды төрт тамга деп да аташкан, булардын атынан чакыртылып алгын, эже-карындаштарынан, жээндеринен таралган экен. 4 тамгалары 4 аялдан, Кашкелең өзү да 10 жашында Тогуз-Улакка сатылып келген өз жээни экен дейт.
         Азык уруусу: Кочкор, Чүй, Кемин, Ак-Талаа, Куланак, Ат-Башы, Жумгал райондорунда жашайт.

         ЧЕРИК УРУУСУ                                                  (түзүмгө)
         Черик уруусунун кайдан, качан чыкканы санжырада толук, так маалымат жок. Ар кандай айтылып, Карачоро менен ээрчип келип, Тагай бийге Саяк, Азык, Черик бала болуп калышкан деп айтылат. Азырынча тараган бакма балдары катары онго кошулуп калган. Чериктен: Тору, Богачы, Куба, Тайчак, Назарбай ж.б. Торудан: Турмагул, Энкеч, Тастар, Алдаяр, Асоо, Көчөмер. Булардан таралгандары тору уулу дейт.боогачыдан: Кудайкул (дан): Ак-Чубак, Байчубак. Акчубактан: Кытай, Тоосуке, Маме, Жабыке, Даркан, Мааданбек, Күчүк. Байчубактан: Ашым, Мурат, Бейше, Наалыке. Мураттан: Куттукадам, Сатугул. Куттукадамдан: Боогачы, мындан Каракул, Бөкө, Онтогор Коюке, Сарыкөбөн. Карагулдан: Ногой, Кончой, Назар, Чынар, Бейше, Тагай, Жамбала, Кошаалы. Бөкөдөн: Тагайболот, мындан жаш бала Максүт, Кожаалы, үрүстөм. Максүттөн: Атабек, Байсерке, Карача. Буларды майбаш уулу деп айтышат. Ногойдон: Токтобай, Тоймат, Эсенгелди. Токтобайдан: Ажыбек. Онтогордон: Сазан, Татыбек, Жолболду. Сазандан: Карымшак. Коекеден: Карыке, Боорсок. Кубадан: үчтамга, Бакты. үчтамгадан: Сакоболот, Кетиркей, Молдочерик. Бактыдан: Сарычал, Дубан, Узункалпак (Арзыкул), Кызыл тукуму. Сарычалдан: Жанычерик, Кумач, Назар уруусун Күнтууду деп айтышат. Тайчактан: Баатыркара, Байбостон экөөнүн тукуму Карабостон деп айтылат. Азим, Сейит, Чойбек, Мааке, Байыш, Мансурбек. Байыштан: Ангидей. Мансурбектен: Каралык. Жамбаладан: Куту, Кошаалы, мындан: Ныязбек. Карачадан: Алжан, Матай. Алжандан: Чалбай. Матайдан: Базаркул. Черик уруусу көпчүлүгү Ат-Башыда, Кытайда үч-Турпан, Ак-Суу, Кашкарда бар. Акине, Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Түп, Жети-өгүз райондорунда бар. Черик уруусу жөнүндө санжырада Наалы эженин коңур-кула атын ээрчип душманга кошо кеткен Таманак деген тайгандын кунуна келген баланын атын Черик Бостон деп коюшкан дейт. Бул Чериктен: Бекназар, андан Акчубак, Байчубак, Карачерик, Молдочерик, Дубанчерик. Чериктер илгери ат сүрөп, ураан чакырганда: “Таманак-таманак, аткулагы шак-шак, айда күлүк таманак, күн кулагы шак-шак, күндө күлүк таптап” – деп ат сүрөгөн дешет. Буга караганда тайгандын ордуна келгени чын болгон. Мындай болгондо бул черик уруусу Карачорону ээрчип келип, Тагайга бала болгон черик уруусунан башка болот. Черик уруусунан таралгандарга кошумча.
         Кудайкулдан: Ботош, мындан Молдо, мындан Сырга, Асанбек, Калпа, Болкой, Желден, Мамак, Абык. Ботоштун баласы Кубадан Күпчөкөй, Бакты. Бактыдан: Токтобай, мындан: Эшимбек, Жабагы, Ысмайыл, Арстанбек, Жакып, Ашым, Ажыбек, Тоймат. Жабагыдан: Жусуп, Бегмат, Суранчы. Бегматтан: Балбак, Чылчык, Башкой. Суранчыдан: Балбай, Качкын. Ажыбектен: Абылсан, Абдраман, өмүркан. Абыласандан: Телтай, Жантай, Молтой, Арзыкан, Кутуке, Найман. Абдрамандан: Боогачы. Тойматтан: Турдуке. Назарбайдын баласы Кудайбердиден: Отогор, Карагул, Бөкө. Отогордон: Тору. Карагулдан: Маамат.
         Тагайдын 2-сарт аялы Наасиден төрөлгөн баласы Карачородон (асан чакырып койгон аты – Чоро) тарагандар (Төрөканов Эсенгулдун № 2-санжыра китеби. 1995-ж.).
         Кимден ким экени схемада өзүнчө көрсөтүлүп, жашаган жери, айрымдарынын иштеген кызматы жазылды. Нурманбет (Суумурундун) тукумдары Ысык-Ата аймагында Сынташ, Кызыл-Арык, Эпкин, Кызыл-Желек (Акбото), Бириккен деген айылдарда турушат. Олжобайдын баласы Чымчыктын өз аты Ибрагим. Булардан тарагандар көп. Көпчүлүгү Сынташ, Бириккен айылдарында жашайт.
         Нурманбеттин тукумунан: акылман, сөзгө чечен, элдин чыр-чатагын калыс чечкен Жанузак өтөгөн дегендери болгон. өтөгөн Толубайдын уулу. Тынайдын Кубат уулунан чечен Калыгул, солтодон – Жангарач, Жанузак теңтуш, замандаш болгон. Бир мезгилде элдин тагдырына байланыштуу маселени чечүү үчүн Жанузак менен Жангарач Алматыга губернаторго барышып, сүйлөшүп маселени ийгиликтүү бүтүрп, кайра келе жатышып казактын Каштек тоосун ашып, Токмок шаары жок токой, камыш экен. Ошол токой, камышты карап туруп, Жангарач: “Ушул жер келечеги шаар болоор бекен”, - деп бүшүркөп айткан экен. Муну угуп туруп Жанузак Жангарачты тамашалап: “Эй сийгегим, шаар болоор бекен эмес эле, сөзсүз келечеги бул жер чоң шаар болот”, - деп так, билгичтик менен айткан экен. Азыркы Токмок шаары турган жерди.
         1933-жылы кургакчылык болуп, эгиндин түшүмү төмөн болгондуктан эл жан сактоонун аракетинде болушкан. Кант районуна караштуу “Соңмалчы” деген колхоздун мүчөсү Жумабайдын уулу Жакыптын эки уулу (14, 12 жашта) мектепте окуп, бош убакта колхоздо иштешкен. 1933-жылы 28-августта 14 жаштагы Кычан уй багып Ысык-Атанын сайында жүрөт. Күндүз саат 11-12 ченде ошол айылда жашаган Жумалы деген киши уурдап келе жаткан 2 уйду жөө айдап келатып, уй багып турган Кычанга кайрылып: “Жарбашыга уйду жеткирип кайра келейин”, - деп Кычандан ат сурайт. “Бере албайм”, - деп Кычан жооп айтат.
    Жумалы ойлонуп, уурдап келе жаткан уйун көздөй басып, жарым сааттан кийин билгизбей басып келип, баккан уйларынын жанында жаткан Кычанды басып калат. Жумалы өлтүрөм деп, макиси менен коркута баштайт. Кычан бычагынан коркпой кармаша берет. Ошондо Жумалы Кычанды макиси менен туш келди сая берет. 32 жерине бычак сайылган Кычан кармашып жатып тайгаланып жыгылганда, Жумалы басып өлтүрүүгө аракет кылат. Бирок мокок макиси менен туш келди шилтей берет. Кычан жансоогалап чыңыра берет. Ушул мезгилде колхоздун мураты Акмат колхозчу Маймендини учкаштырып келатып, кыйкырган үндү угуп бастырып келишсе, Кычан кызылала кан, тура калып кайра жыгылат.
    Жумалы сайды бойлоп качат. Муну көрүп Акмат айылга кабарга кетет. Маймен Кычандын атын минип Жумалынын артынан жөнөйт. “Рассвет” колхозуна жеткенде элдин жардамы менен Жумалыны кармап, колун байлап, “Социалчы” колхозуна алып келишет.
         Кычанды үйүнө алып келишет. Милиция, сот, врачтар, прокурор келишет. Кычан болгон окуяны көзүн жумганча айта берген. Кычандын мойнуна мокок бычагы өтпөгөндөн кийин Жумалы киндиктин астына сайып, бычакты оңго-солго бураганда ичеги-карынды талкалаган экен. Врачтардан жардам болбой калып, ошол күнү кайтыш болгон. Жумалыны 10 жылга кескен. Жогорку сот ишти бузуп, атуу жаза беребиз деп Токмоктун түрмөсүнөн Бишкекке алып баратканда машинадан ыргып түшүп качканда жол оңдогондор кармап сабашкан. Ошонун илдетинен өлгөн.
         Илгери Карачоронун тукуму Нурманбет эли солтонун тукуму Кутумбеттер менен бирге Ысык-Ата өрөөнүндө жашашып, жылуу суу деген бир болуш эл экен. өтөгөндү Шабдан, Байтик, Көкүмбай, Боромбай, Балбайлар сыйлачу экен.
         Асан менен Бекинин тукумдары Сынташ, Бириккен айылында жашап турушат. Кант аймагынын Жарбашы, Бозбармак айылында да жашап тургандары бар. Карачоронун 1-аялынан Келдике тукумдары арбын. Кыргызстандын бүт аймагында чачкын жайгашкан. Кочкордун Ак-Кудугунда, Кеминдин – Чым-Коргонунда, Чүй аймагынын Биримдик (Садовое) айылында ж.б. жерде бар. Оштун Кетмен-Төбөсүндө көп.
         Эл башкарган кадырман бирөө Тамакичи тукумунан Дыйканбай акылман, сөзгө чечен, орчундуу чыр-чатактар калыс чечилген. Мунун кадыр-баркы сарбагыш, солто, казак элинде да болгон. Абийир тукумунан Көчөк “олуя чалыш киши” экен. Кудаян кан болуп турган мезгилде чакыртып алып: “Сени эл олуя дешет. Сенин олуячылыгыңды билейин, мен кандай өлөм, айтчы?” – десе, Көчөк болбой койсо, Кудаян хан катуу талап кылгандан кийин Көчөк: “Каным, сиз эл кыйналып турган мезгилде, Сыр-Дарыянын жээгинде чөп алачыкта бутуңуз чыгып жатып өлөсүз” деген. Көчөк айткандай эле Кудаян хан калмактын кол салуусунан элин көчүрүп Ферганага чейин барганда ооруп, Сыр-Дарыянын жээгинде алачыкта жатканда өлгөн экен. Келдике тукуму экиге бөлүнүп айтылат. Тулубай тукумдары: Сарыкелдике, Каракелдике, Тамакичи, Бука.
         Абийир тукумдары: каратон, кыркүй, баба. Мунун себеби: Тулубай менен Абийир экөө тең бирдей акылман болгон дейт өз мезгилинде. Эл башкарган баатырлардан болуптур. Карачоронун 2-аялынан Багыш чоңоюп жетилгенден кийин Чүй аймагындагы бир туугандары менен жамаат жашап, үйлөнүп жашап турган. Багыштын баласы – Куржундан Баарыңды эл ичинде: Анабаарың, Карабаарың, Сарыбаарың, Балабаарың деп төрткө бөлүп айтышат. Чындыгында бир эле Баарыңдан таралат. Баарыңдан: Мадемин, Майдан деген эки баласы болгон. Бул эки баладан тарагандары ошол мезгилдеги абалга байланыштуу төрткө бөлүп айтып калгандай көрүнөт. Мисалы өңүнө карата кара баарың тукумунан алтоо биригип бир бийди өлтүрүп коюшат да түштүктөн качып Ысык-Көлгө келип жашап турушуп, бир топ убакыт өткөндөн кийин булардын үчөө – Ыйман, Булан, Болоту Ысык-Көлдөн кетип, Кочкордогу Төрөкелди баатырга жигит болуп калышат. Буларга Төрөкелди абдан ишенип калат. Булар ушундай пайдаланып айрым учурда элди бийлөөгө чейин барышкан экен. Ошондон шылтоо таап Кочкордон сүрүп чыгарышат. Булардын өңдөрү кара болгондон Кара баарыңар деп атап коюшкан.
         Булар качып келе жатышып Байсак деген жаш баланы кошо ала келишет. Бул бала чоңойгондо балбан болот. Токмоктогу уезддин кызматчыларына отун сатып оокатын өткөрүп жүрөт. Ушул учурда Токмоктун күн батыш жагы калың камыш, ар түрдүү жапайы жырткычтар көп болуп, киши жей турган кара каманчай да болот. Муну өлтүрүүгө эч ким даап барбайт. Баягы Байсак тобокелге салып, каманды кулагынан кармап, эптеп жыгып өлтүргөн экен.
         Уездин кызматчыларынын кызматын, иш-жумуштарын убагында аткарып жүргөн Байсактын эмгегин уезд начальниги жактырып, анын колуна: “Байсакка эч ким тийүүгө акысы жок, уезддин кызматчысы катары укук берилген, кайда жүрсө эрктүү” деген мазмунда уезддин атынан мандат берген. Мандатты алгандан кийин Байсак манаптар менен тең ата болуп калыптыр деген сөз айтылат.
         Сарыбаарың жөнүндө: Кутберди деген Баарыңдын жээни тайакесини колунда өсөт. өңү сары экен, ошондуктан бул жээнинин тукумдары Сары-Баарың аталып калган деп айтылат.
         Бала Баарың жөнүндө: Баарыңдын жээни Кудайбердинин бир кызы турмушка чыгат. Кийин ал кызы төркүлөп келет. Анын боюнча бар экен, ата-энесинин үйүндө төрөп калат. Баланын атын тайатасы Кутберди-Бала баарың деп коёт. Мындан тараганды Бала баарың деп атап калган. Бул Баарың тукуму Кетмен-Төбөдө турушчу экен. Эл ичинде чатак болуп, бир кадырлуу кишини өлтүрүп коюшат. Киши өлгөн тарап Мадемил менен Майдамды өлтүрө турган болгондо он чакты үй-бүлө качып чыгат. Ошондо агасы Жумакбай мергенчи жээни Жумабайды Мадемил менен Майданга кошуп жиберет, силерди жолдо сактоого жарайт деп. Булар Чүйдүн Чоң Чычкан деген белин ашып, Сокулуктун Туз деген жерине келип кыштап калышат. Жумабай мергенчилик кылып элди багат. Солто элин башкарып турган Көгөй Жумабайды жактырып өз кызын жубайга берет. Жумабайдын өңү кара болсо керек, солто эли “карамерген” деп атап калат.
         Жумабай кичинчерээк Сокулуктан Кочкорго барып, Төрөгелди баатырга бир-эки жылы жигит болуп, кайра Чүйгө келип баарыңдар менен эл болуп жашап калат.
         Багыштын Көкүмүнөн тарагандар негизинен түштүк аймакта чачыранды жайгашкан. Карачасынын тукумдары Кавказдагы карачайлар деп айтылат. Карачай элинин көпчүлүк үрп-адаттары кыргыздыкына окшоп кеткендиктен чындык болуу керек.
         Багыштан тарагандар Оштун Сузагы “Кызыл-Сеңир” айылында Токо, Абдал, Жапак, Абышкул, Каратеке, Бозайгыр уулдары деп айтышат. Сузак аймагындагы Кашка-Терек, Багыш, Жашасын деген айылда да жашашат. Булардын көпчүлүгү Баарыңдан. Негизи Ана Баарыңдан таралган деп айтылат. Ошолордун бирөө Кожомкулдан тарагандар. Булардан тарагандар өзүнчө схемада көрсөтүлдү.
         Карачоронун Келдикесинен тарагандар арбын. Чогуу жашабай, Кыргызстандын аймагында чачкын жайгашкан. Келдикенин 40 үйдөн тарагандары Чым-Коргондо, Кочкор аймагында жайгашкан.
         Багыштын Көкүм баатыры Ташкенди басып кирип, Турсун ханды, анын баласы Шамей султанды Ташкенден айдап чыгат. Турсун, Шамей Таласка келип досу Эшимге корголойт. Эшим көп кол курап, атасы Көнөк баатырдын кунун (өчүн) алууга калмакка каршы жөнөөрүндө элин жыйнап, өз ордуна досу хан Турсунга убактылуу калтырып кетет (бул тарых эсеби боюнча 1626-1627-жылга туура келет) .
         Эшим кеткенден кийин Турсун антын бузуп, Эшимдин элин тоноп жакырлантып, үй-бүлөсүн кул-күңгө айлантат. Бул кабарды Эшим угуп, көп колун калмак жерине калтырып, аз кишилери менен Таласка келип, элинин абалын көрүп, кол курап, Ташкенде эмир болуп турган Көкүм баатыр менен дос болуп, андан кол алып, Турсун ханга чабуул баштап, аны кармап башын кесип алып, Көкүм баатырга жөнөтөт. Көкүм баатыр Эшимге ыраазылыгын билдирип, жардамга жөнөткөн багыштарын Эшимдин карамагына калтырган. Карачородон тараган тукумдар көп болсо да толук тарабай калганы байкалат. Мисалы: Көкүмдөн, Оржубектен, Кошбычак, Моңол, өкүм, Карача, Жанкороз, Сарыкелдике, Каракелдике, Бука ж.б. балдарынан тарагандары айтылбай калган.

         Схема 90. Стр.157

         Схема 91. Стр.158

         Схема 92. Стр.159

         Схема 93. Стр.160

         Схема 94. Стр.161

         Схема 95. Стр.162

         Схема 96. Стр.163

         Схема 97. Стр.164

         Схема 98. Стр.165

         Схема 99. Стр.166

         Схема 100. Стр.167

         Схема 101. Стр.168

         Схема 102. Стр.169

         Схема 103. Стр.170

         Схема 104. Стр.171

         Схема 105. Стр.172

         Схема 106. Стр.173

         Схема 107. Стр.174

         Схема 108. Стр.175

         Схема 109. Стр.176

         Схема 110. Стр.177

         Схема 111. Стр.178

         Схема 112. Стр.179

         Схема 113. Стр.180

         Схема 114. Стр.181

         Схема 115. Стр.182

         Схема 116. Стр.183

         Схема 117. Стр.184

         Тарых илиминин доктору, профессор Осмонов өскөн Көкүм бий жөнүндө очерк жазууга материал жыйнап жүрүп, профессор Аттокуров Сабырга жолугуп сүйлөшкөндө, ал: “Көкүм бий залкар тарыхый инсан да. өз доорунда саясый ишмердиги өсүп турган чагында көралбастыктын курмандыгы болгон эмеспи”, - деди да, Көкүм бий жөнүндө билгендерин айтып жатты. үлгүрүшүнчө жазып алып: “Колдогу жыйнаган материалдардын негизинде, Көкүм бий жөнүндө, колдон келишинче тарыхый очерк жаздым”, - дейт.
         Көкүм бий XVI кылымда кыргыз элин бириктирген Тагай бийдин урпагы катары эсептелет. Көкүм бий Ферганадагы кыргыздардын башчысы катары таанылып, Манап бий кыргыздын түндүгүнө улук катары таанылып тургандан, экөө биригип Ташкенден Самарканга чейин элди-жерди ээлеп турган. Катаган уруусун башкарган кан Турсун менен мамиле түзөт. Калмактарга каршы туруу үчүн саруу уруусунан баатыр Эр Эшим, казак элин башкарган Карабайтик менен келишим түзгөн. Кыргыз-казак элинин биримдигин чыңдап, эки элди башкарууга Эр Эшимди хан шайлайт (Эшимдин энеси казактын каны Шыгайдын кызы болуп, Эшим жээни болгон). Хан ордосу ошол кезде 12 капкалуу (дарбазалуу) Ташкен шаары болгон. Кыргыз-казак эли бир хандыкка бириккенде Көкүм бий Эшим кандын ишенимдүү вазирине айланат. Эшим кан ага Ташкент шаарын бийлөө ишин тапшырат.
         Ошол кезде Орто Азиядагы чоң шаардын бири Ташкенде кыргыз, казак, өзбектер жашап, шаар да үчкө бөлүнгөн. Шаарда жашаган кыргыздардын көбү багыш уруусунан болгон. Ташкендин улугу болуп шайлангандан кийин Көкүм бий кыргыз-казактын бириккен хандыгынын алкагында иштеп, зоболосу өсүп, кадыр-баркы жогорулайт. Муну көралбаган казактын улугу Карабайтик пастыгын күчөтүп, Көкүм бийдин айланасында жүргөн, ага каршы кара ниет адам аркылуу Көкүм бийге уу бердирген. Көкүм мүрт кетпей, күндөн-күнгө абалы начарлап, боз үйдө жаткан күндөрдүн биринде карлыгач учуп келип, үйдүн түндүгүнө конуп, канаттарын тарап отуруп кайра учуп кетет.
         Бул көрүнүш 2-чи күнү да кайталанат. 3-күнү учуп келген карлыгач боз үйдүн түндүгүнө уя сала баштайт. Карлыгачтын боз үйдүн түндүгүнө уя салганын биринчи көргөн Көкүм таң калат. Күндөр өтүп, уясына жумуртка да таштайт. Муну байкаган Көкүм мында бир сыр бар деп, боз үйүн которуп тиктирбей ордунда тура берет. Карлыгачтын жашоосун карап, өзүнүн өткөргөн өмүрүн, аткарган иштери жөнүндө ойлонот. Эли үчүн иштегени, тилеги аткарылбай калганына өкүнөт.
         Көкүм: “Карлыгачтын тынчын албагыла, боз үйдү ордунан которбогула, мени ушул жерге койгула. Мүрзөнүн үстү ачык болсун. Күмбөз сала турган болсоңор топурагын күмбөздүн ичинен алгыла. Элибиздин ооматы сыртка кетпесин” деген керээзин өлөөр алдында айтат. өлгөндөн кийин Эшим хан башкарган. Көкүмдүн денеси өзүнүн ак өргөөсү турган жерге коюлган. Эшим хандын буйругу боюнча чоң күмбөз салынган. Төбөсү көк түстөгү боёк менен сырдалган (кийинчерээк чоң көрүстөнгө айланып, “Карлыгач мазары” деп аталып), “Көкүмдүн көк күмбөзү” деп аталып тарыхта калган.
         Күмбөз ушул кезде Ташкент шаарынын Шайхантаур районундагы темир жол вокзалына жакын жерде, “Карлыгач мазары” аталган көрүстөндө турат деген маалымат бар.
         Көкүм бий өлгөндө балдары жаш экен. Эл аларды “чиелер” деп атаган. Бул балдарынан тараганды чиелер уруусу деп атап калган.
         Сарыбагыш уруусунда чертикелер уругу бар. Бул уруунун башаты Көкүм бийдин балдарынан тараган “чиелерден” болсо керек деген божомол бар. Көкүм бий өлгөндөн кийин 2-3 жыл өтпөй (1628-жылдары) Эшим хан да каза болот. Көкүм өлгөндөн кийин баласы Тейиш хан болгон. Кара ниет Карабайтиктин бети кийин ачылат. Карама-каршылык күчөп, эки элдин ортосунда согуш башталып, көп адамдар набыт болгон. Акыры кыргыздар жеңип, казактар Ташкенден кетүүгө аргасыз болот. Карабайтик боордош эки элдин ортосун ажыратат. Тейиш хандын мезгилинде бүт бийлик кыргызга өтөт.
         Тейиштен: Аккочкор, Канкы. Булар да согушта каза болушкан деп айтылат.

         Схема 118. Стр.187

         Схема 119. Стр.188

         Тагайдын 2-сарт аялы Наасиден төрөлгөн баласы – Чоро (Карачорону) ээрчип кошо келген Тагайдын бакма (тондуу) балдары: Азык, Саяк, Чериктен тарагандар: 1-Азык баласы жөнүндө баян: Азык уруусунун таралышы боюнча айрым окумуштуулардын жазгандарына караганда азыктар байыркы учурда “Аз” деген ат менен аталып жүргөн уруулардан дешет. X кылымдын эстелиги, перс тилинде жазылган “Худуд-ал-алам” китебине караганда Аз деген элдер түрк тилинде сүйлөп, кыпчак, кыргыз, кимак, халлухи, чигилдер менен кошуна жашап турган. Академик В.В. Бартольд өз эмгегинде Алтайда төрт Аз деген уруу бар экенин эскертет.
         Тарыхта белгилүү, VI кылымда Түрк чыгыш Дулу, батыш Нушиби Түрк Каганаты аталып, экиге бөлүнөт. Батыш Түрк Каганатынын ичинде азык, кушчу ж.б. уруулар да бар. Ошентип, Азыктар жазмасы VI кылымдан бери келе жаткан байыркы уруулардан экени байкалат.
         Эл ичинде айтылган санжырада ар кандай айтып жүрөт.
         Фергана аймагында жашаган Туума деген кишини эли бий кылып шайлашат. Туума бийди кийин ошол жердин ханы жек көрүп, жигиттерине: “Туума бийди үй-бүлөсү менен жок кылгыла” деп буйрук берет. Ошол учурда Тууманын алты уулу, эки кызы болгон экен. Кандын буйругун аткарууга Тууманын бардык үй-бүлөсүнө таш байлап, дарыяга салып жиберишет. Тууманын Мамыркан (Абдракман) баласы жашынан сууга сүзгөндү жакшы билчү экен. Сууга салганда ал анда-санда башын чыгарып кете берип, эптеп таш байлаган жипти тиши менен кыркып, суунун жээгине чыгып, жалгыз тирүү калат. Атасы, энеси, бир туугандары бүт сууга чөгүп өлөт.
         Мамыркан атасы Туума: “Кыргыз деген эл болобуз. Көпчүлүгү түндүк-чыгыш жакта жашашат. Алардын Тагай бий деген бийи бар, аны менен Самарканда жыйында бирге болгонбуз” деп айткан сөзүн эсине түшүрүп, аны издеп тапсамбы деген ой менен олтурганда, Карачоро жолугуп калат да, баштыктагы азыгын көтөртүп өзү менен кошо ээрчитип алат. Карачоро атасы Тагайды таап, өзү ээрчитип келген, азыгын көтөргөн балага “Азык” деген ат коюлуп, өз аты Мамыркан айтылбай калган. Бул биринчи Азык атка алмашканы. Экинчиси: XIII-XIV кылымдар мурун Домохан деген киши жолдошу, улуту уйгур Карабалбан экөө Коконго келет. Ошол жерде жашап, үйлүү-жайлуу болушат. Карабалбандан Наабайчы туулат. Андан саяктар тарайт. Домокандан Азызкан (Азык төрө) төрөлүп, мындан Абдракман (Азык) деген бала. Азыктар тукуму ушул кишиден таралган имиш.
         Кийин Тагайбий Азыкты – октогазылык (жоодон түшкөн буюм-тайымдарды бөлүштүрө турган адам) милдетин тапшырган экен.
    .      Эл арасында Азыктын дагы бир эрдиги айтылат. Ал кыргыз менен калмактын ортосунда кагылышуусунда Тагай бий: “Ушул жоону талкалаганга каалаганын берем” дегенде Азык биринчи чыгып, жигиттери менен жоону талкалап, Кытайдын чегинен ашырып, анын “алты каманын” колго түшүрүп келиптир. Алар Дайыр, Көкө Тагайда калып, калгандары башкаларга кул болуп калыптыр. Азыкты ушул баатырдыгы үчүн Тагайбий ага каалаган аялын алып берген деп айтылат.

         Схема 120. Стр.190

         Буларды эл ичинде төрт тамга деп коюшат. Мааниси – Азык уруусу ушул төрт баладан тараган дегенди билдирет.
         Байсейиттен тарагандын көбү Ат-Башы, Куланак, Кочкордо турушат.

         Схема 121. Стр.191

         Схема 122. Стр.192

         Схема 123. Стр.193

         Схема 124. Стр.194

         Схема 125. Стр.195

         Схема 126. Стр.196

         Схема 127. Стр.197

         Чымкоргон айылында жашаган элдин жарымы Бычмандын Жедик жана Орозой уулунан тарагандар. Азыктар Чүйдүн Кемин, Жаңы-Жол, Алга, Дөң-Арык, Кегети айылында бар.
         Мындан башка – Ат-Башыда, Нарында, Кочкордо, Куланакта ж.б. жерлерде бар. Азыктын түпкү атасы – кыпчактан деген кабар айтылат.
         Азыктын Жумакесинен тараганы негизинен Чүйдө, Ат-Башы тарапта жашайт. Жанбаланын Жумакесинин Айтыке, Арык баласы туугандарына таарынып Ат-Башыдан Таласка көчүп кетишет. Кийин туугандары барып сүйлөшүп, таарынчысын жазып, Ат-Башыга көчүп барууга макулдашып, жазында Таластан көчүп Айтыке Чүйдүн Ак-Бешим деген жерине келип конуп калат. Арык көчпөй Таласта жашап калат. Ак-Бешим Сатыбалдынын балдарына таандык жери болгондон, бул жерге келип конгон Айтыкенин жайын сураса Ат-Башы – Азык элинен, өз жерине Таластан көчүп келе жатканын билдирет. Анда Жообасар, Алмакүчүк, Кубат өз элине кошуп алууну айтышат.
         Сары-өзөн Чүй дыйканчылыкка, мал чарбачылыкка жакшы жер экенин байкап, Айтыке булардын сунушуна макул болот. Андай болсо кимибизге жамаатташ болосуз дегенде, Айтыке: “Кимиңер мурун өрүлүктөп келгениңерге жамаат айылдаш болуп жүрөйүн” дейт. Күндү болжошот. өрүлүктөп келмек болушат. Болжогон күнү коюн союп, кымызын алып Алмакүчүк Айтыкенин үйүнө келип калат. Кийин Жообасар, Кубат келет. Мына ошондон Айтыке Алмакүчүккө жамаат жашап калат.
         өрүлүктөп барганда Айтыкенин үйүнүн бурчунда бойго жеткен бир кыз олтурганын Алмакүчүк байкайт. Кийин куда болушуп, Айтыкенин бул кызын Алмакүчүк Тооке уулуна алып берет. Мындан: Байсаба, Токсаба. Булардын тукуму Бурана элинде жашайт. Арык бир жылдан кийин Таластан көчүп келип, Айтыке агасын таап, Бурана элинде жашап калган.
         Азыктардын Бычман тукумунан Шамендин уулу Чалданбай. Акылман, сөзгө чебер киши болгон. Шамен кедей, өз эмгеги менен жашаган. Чалданбай барган сайын кадыр-баркы көтөрүлүп, элге көрүнө баштайт. Шабдан баатырдын кеңешчиси Бекболот бий Чалдан байды ээрчитип жүрүчү экен. Күндөрдүн биринде Бекболот бий Шабдан баатырдын үйүндө конок болуп калат. Тамак бышып элге тартылганда Бекболот бий табакка карабай эки жагын карап калганын Шабдан сезе коюп: “О, Боке, тамакка карабай эмне эки жагыңызды карайсыз” дегенде, ал: “Жанымда Чалданбай деген иним бар” деп жооп берген. Бул учурда Чалданбай башка үйдө олтурган. Бекболоттун жообунан кийин Шабдан Чалданбайды чакыртып келип, Бекболот менен табакташ кылып олтургузган экен. Чалданбай бир козуну бир жеген, өтө эт туурамчыл экен.
         Чалданбайдын эт туураганына кубанып Шабдан: “Баке бул эт туураганың ким?” – деп сурайт. Анда: “Бул Азык туугандардан, Чалданбай деген иним болот”, - дейт. “Бул тиригарак жигит экен. Азык туугандарың канча түтүн?” – деп Шабдан сураганда, Бекболот: “Элүүгө бир аз жетпейт”, - дейт. Ошондо Шабдан: “Биз жакта Азык туугандарың бар, ошолордон көчүртүп барып, бул жигитти айылына старчын коюңуз”, - деп айткан экен. Ошондон Карагул тукумдарынын бир тобун Буранага көчүрүп келип, Чалданбай Азыктарга старчын болуп калган экен.
         Старчын болгондон кийин кадыр-баркы сарбагыш, солто элине да белгилүү болот. Жыйынга катышат. Сөзү курч, өтүмдүү, кези келгенде көңүлүнө карабай айткан. Буга бир тактык, Ак-Бешимде Осмон кожо, Маасын кожо, Сейит кожолор Бурананын дөбөсүндө жыйында Маасын кожо ойду-тоону айтып көп сүйлөгөндө, Чалданбай өгүз минип туруп сөз сурайт. Маасын кожо ага сөз бербей коёт, анда Чалданбайдын ачуусу келип Маасын кожого: “Ээй кожом, кечээги Коженттен байланып келген кетмениң мештелбей турат, бул элге сүйлөбөгөндө сен сүйлөйсүңбү. Атам менен атасы бирге, өзүм менен өзүлөрү бирге Азык, Алмакүчүк, Кубат бир тууганбыз. Сен кимдин короосунда үрүп жатасың”, - дегенде Маасын кожо атына минип, жигиттерин ээрчитип Ак-Бешимди көздөй жүрүп кеткен экен. Дагы бир кызык. Сарбагыш элинин жыйыны Кочкордун Сарала-Сазында өтүп калат. Чүй жактан көп эл барат. Ак-Бешимдик кожолордон да бар. Намаз окуган эл даарат алып жатканда Сейит кожо оосуруп коёт. Анын катарында турган саяктардан угуп калып: “Сүйүнчү кожо төрөп койду, азан чакырып баланын атын койгула”, - деп Сейит кожону шылдыңдай баштайт. Ошол кезде Чалданбай басып келип: “Ээй сырттыктар, эмне эле кыраан-каткы күлөсүңөр, биздин Токмокто мечит деген болот. Сурнай-керней тартып намаз окулат, силер ээн талаада өскөн кудай ургандар, намазды кгуроо-шаңгыраңар жок окуйт экенсиңер”, - деп Сейит кожону шылдыңдан куткарган экен.

         САЯК УРУУСУ                                                  (түзүмгө)
         Саяк жөнүндө санжырада ар кандай айтышат. Кеңеш Баратбаевдин айтуусу боюнча Акбалтадан: Чубак-Бекчоро-Тегизбек-Жайыкбек-Көкүмбек-Сапарбек-Алдаш-Алымбек-Сурантай-Чыбытай-Сабатай-Муратай-Жусупбек. Бирден атасын алып келгенде 15-че атадан Пайызбек чыгат. Жусупбектен: Сүйүнчүбек, Абдрайым. Сүйүнчүбектен: Эшенгары. өзүбектеги Ходженттин ханы Эрдененин кызы Маанишайы. Ага Абдрайым үйлөнөт. Абдрайымдан: Пайызбек деп айтат. Абдрайым кайтыш болгондон кийин Маанишайымды Эшенгары алат. Пайызбек энесине таарынып Кокон шаарына кетип калат. Бул жерден Карачорого жолугуп, болгон ишти толук айтат. Карачоро үйүнө алып келип, экөө дин окуусун окуйт.
    Карачоро атасы Тагайды издеп жөнөгөндө Пайызбекти кошо ээрчитип алат. Жолдон Абыл төрөнүн уулу кошулуп, үчөө Тагайды табат. Чоро кестигин көрсөткөндө: “Сен Чоро балам экенсиң, булар ким”, - дегенде: “Булар жолдон кошулуп, бул азыгымды көтөрүп келди, мунусу аты-жөнүн толук билбейт окшойт”, -дейт. Тагай той берип, өңүң кара экенсиң, сенин атың Карачоро, азыгыңды көтөрүп келиптир, аты азык (Төрөканды), аты-жөнүн толук билбесе Саяк (Пайызбекти) болсун деп бала кылып багып алган. Ошондон Пайызбектин аты калып саяк аталып калган дейт. Саяктан (Пайызбектен): Бөтөш, Сарык, Сарыке. Бөтөштөн: Кудайберди. Мындан 1-чи Байдуулат, Кайдуулат. 2-чи Айтак, мындан Жакыр, мындан Кургак, Жандуулат (Жакырдын бакма баласы болгон). Жандуулат кийин Алакөз аталып кеткен. Алакөздөн (Жандуулат): Карагул, Чоко, Акчубак. Булар азыр Карл Маркс, Кызыл-Туу, Кара-Коо, Дөң-Талаа, Комсомол айылдарында, Тоң району Рыбачье, Ысык-Көл районунда жашайт. Сарыктан Каба, Ботокара, Атакара. Атакарадан: Тагай, Тезек, Карасакал, Тобон уулу. Тезектен Чымын уулу таралат дейт (Ботокара, Атакара тукуму Тогуз-Тородо турушат). Сарыктын балдары токтобой жүргөндүктөн Кабаа төрөлөрү менен Кайдуулатка ырымдап берген. Муну Кайдуулат Аламышыктын тоосунан таап келдим деген. Кайдуулаттын аялы төрөгөн эмес экен.
    Кабааны багып алгандан кийин Түнкатар, Түнтойду төрөптүр. Кабаадан: 1-чи Актери, Бозтери, Энтери. Актериден: Жараке, Шамаке уулу Көлдө, Жумгалда турат. Бозтериден: Казак, Элтинди, Досой. Казактан таралгандар ушул күнү казактар деп аталат. Чолпон-Ата, Бозтери, Темировка айылында турат. Жаракеден: Жайыл, Мойнок, Калибек. Жайылдан: Манаке. Мойноктон: Мажикбай, Кешикбай. Шамакеден: Сарыкүчүк, Кошуке, Аратай, Муратжан. Буларды Аккулак дейт.
    Энтериден: үчөй, Бешей, Жаныбек, Асан, Сарбан. үчөйдөн: тукуму аз эл. Бешейден: Жалпыэтек, мындан үчкара, Жаанбай. Булардын тукуму Ысык-Көл району Орто-Долонотуда, Бозтери айылында жашайт. Жаныбектен: Кудайменде, Серек (Серен), булардын тукуму Тоң району, Кара-Талаа, Тогуз-Булак айылдарында. Сарбан тукуму Тогуз-Булак айылында турушат. Асандан: Каракучкач, Ботугур, Жаманбай. Ботугурдан: Кетиркей. Мындан Алыбек баатыр. Ботаалы баатыр аңдып жүрүп Алыбекти элик өңүп олтурган жеринен башына кап кийгизип кармап, байлап кеткен, дайынсыз жоголгон дейт (Ормонханга байланыштуу). Бозтериден-Эшей (Бешей). Элтинден Асан, Жаныбек. Асандан Ботугур, Каракучкач. Кетиркейден – Батыркан-Жаманбай. Кабадан – Жортуулчу, Байболот, Кутунай.
         Асандан таралгандар: Коңуп-өлөң, Кара-Коо, Бар-Булак, Шор-Булак, Кызыл-Туу айылында турушат. Досойдон: Эсенгелди, Ачалга, Бөтөш, Жакшыбай. Досой тукумдары негизинен Тоң району, Кара-Коо, Ак-Терек, Ала-Баш айылында жашайт. Жакшыбайдан: Жолдош, Сака, Чүкө, Ниязбек. Буларды Кургак уулу дешет. Каракучкактан: Майлыш, Түлөбакты, Каракчы, Эдил, Шербек, Келдибек. Түлөбактыдан: Сокучу. Каракчыдан: Төлөк. Келдибектен: Байтүгөл, Нусуп, Балбак. Байтүгөлдөн: Медет. Мындан – Абак. Буларды, Курманкожо тукумун, Отуз уул деп да айтышат. Кабанын 2-аялынан: Куттуксейит, мындан Байжунус, Баястан, Канат, Сатар, Багыш, Жортуулчу, Байболот, Кутунай.
    Кабанын 3-аялы Акберметтен: Шайыкмамбет (Шыкмамат), Майрык. Кабанын бакма балдары: Алакөз (Мундуз уруусунан), Көкчөкөз-Кочкор, Жарыке, Чулум (Кутчу уруусунан), Байчотур, Кылыч (Басыз уруусунан), Түмөн (Кытай уруусунан), Алакчын, Ачынай, Калпоч, Кыры уул, Белекчал, Огайур (Саруу уруусунан). Шыкмаматтан: Култай, Кудаш, Кожош. Култайдан: Бактыороз, Бообул (Бөөбуй). Кудаштан: 1-Чороке, Бектемиш, Курткамерген, Акжай (Миңжай). 2-аялынан – Кудаяр. Кудаштын бакма баласы: Бөлөкбай, Кулча. Култайдын бакма баласы Анжайга бир жерден кудалашып (Ынжан), кызын Кулчага алып келгенден кийин Кулча Кудаштын өз баласы эмес, бакма кул сыяктуу экенин билип, мен кулуна келген экенмин деп кыз төркүнүнө качып кетет. Кудашбий киши жиберсе, кудасы кызымды бербеймин, Кудаш өзү келсин дейт. Кудашбий өзү барганда кудасы кызымды өз балаңа эмес, кулуңа алып берипсиң, кулуңа бербейм, өзүң алсаң беремин дегенде, мурун берип койгон калыңын бербей коёт деген ой менен Кудашбий макул болуп өзү алган экен (келинин алган деген сөз ушундан калган дейт). Келин аялынан – Кожояр.
         Кудаш бийдин агасы Култай багып алган баласы Анжай, өзү багып алган баласы Ынжай. Кийин Бөлөкбай деп айтылып калган. Анжай алган аялынан төрөгөн баланын аты Алдаяр. Кийин Кудаш бий – Анжайдын аялын өзү алып, баласын Кулча деп ат коюп алган. Калмак менен болгон бир урушта колго түшкөн калмак баланын атын Анжай коюп, Култай багып алган. Чындыгында Анжай өзү баласы Алдаяр (Кулча). Калмак болот улуту боюнча.
         Бектемиштен: Шайбек (Бакачы), мындан – Кожош. Кудаярды Бакачы деп атаганы, жери саздак келип, караңгыда арыктан суу алганда суу менен кошо бака келип, казанда эт менен кошо бышып, табакка кошо тартылып, этти жеп жатканда баканы көрүшкөн. Ошондон ошол айыл Бакачы айылы деп аталып калган дейт. Кудаярдан: Ороз, Кудайменде, Жайыл, Чулум, Азар.
         Кудаймендеден: Нурдөөлөт, мындан – Чолпонбай баатыр. Жайылдан: Канкелди. Чулумдан: Чороке, мындан – Талканбай. Курткамергенден: Дөөлөт, Акылбек (Торпок), Барак, Бокотой, Төлөк, Дуулат, Кабетек, Манап. Дуулаттан: Бөтөкөй, Акылбек. Акылбектен: Барак. Торпоктон: Анылдак, мындан Максүт. Бокотой, Төлөктөн таралгандарды анылдак дешет. Анжайдан: Кожояр, Алдаяр (Кулча). Кожоярдан: Эсенбай, Конураш (Асказан), Эсентүгөл, Ырыстай, Түлөйкөн. Булардан таралган элди 5 ата Кожояр уулу дейт.
         Миңжайдан: Калматай, Чиркей, Олжобай, Чоңчарык, буларды бөлөкбай уулу дешет. Эсенбайдан: Рыспай, Ормотой. Конураш-Асказандан: Кайназар, Мамбет, Төлөйкан. Кайназардан: Жолболду, мындан: Садыр, Балык. Балыктан: Кашкоро. Эшенкарыдан: Дайырсабазбек.
    Дайырсабазбектен: Сыдык, Жусуп, Шакир, Ыбрайыш. Булар Чымкенттен дин окуусунан окуп, молдо болушкан. Эл буларды Сыдык молдо, Жусуп молдо, Шакир молдо деп атап калышкан. Күндөрдүн биринде Ходженттин ханы куш салып жүрүп ушмкарын качырып жиберет. Аны өйдөкү үч бир тууган кармап алып, салып жүрүшөт. Муну байкаган бирөө ханга кабар берет. Хан үчөөнүн атасы Эшенкары менен Дайырсабазды чакыртып, суракка алып, буга чейинки жоголгон мал-мүлктү сенин үч балаң уурдап жүргөн турбайбы деп каарына алып, экөөнү даргага тарттырат. Муну угуп-көрүп туруп үчөө түн боюнча качып, Чымкентке кетип калышат.
    Бир аз жылдан кийин үч небересин табыш үчүн Манишайым Байдуулатты чакырып, болгон ишти түшүндүрүп, издетип Чымкентке жиберет. Байдуулат сураштырып жүрүп табат. Сыдык бала-чакалуу болуп калдым, бара албаймын дейт. Жусуп да ошентип Чымкентте калат. Сыдыктын тукуму “Кызыл-Бөрк” аталып, Казактардын ичинде калган дешет. Казактын ичиндеги кызыл-бөрк эли Сыдыктын тукуму дешет. Шакирди Байдуулат ээрчитип кеткенден кийин Жусуп Сыдык менен өз ара чырдашып таарынып, Жусуп Байдуулаттын артынан келе жатып таппай калып Таласта сол элдин ичинде туруп калып, үйлөнүп – Жетиген, Катаган деген эки балалуу болуптур дешет (Акы баласы – калык өөдөчектиден болгон). Байдуулатты ээрчип келген Шакирди эли молдо коюшкан. Шакирдин өңү сары, көзү көк болгондуктан жолдоштору чекир молдо деп жүрүп, кийин Шакир аты Чекир аталып кеткен дейт. Чекирден (Шакир): өөдө чыкты (өөдө чекти), (Сыдык Жусупка караганда өз элин тапты, өөдө чыкты деген мааниде аты коюлган), үчкуртка, Түгөл.
    өөдө чектиден: Улан, Асылбек. Булардан Асаке, Айдеке, Күрөн, Молой, Кулунтай, Күчүк, Кадан, Мамай. Булар Жумгалда, Тогуз-Тородо турат. үчкурткадан: Кудайберди, Ыман, Тезекбай, Аккабак. Кудайбердиден (1-аялынан): Кулжыгач, Чоро, Тоймат, Күрүчбек. 2-аялдан: Курманкожо, Айтак. Ымандан: үркүнчү, Черикчи, Омолдош, Кожомшүкүр, Кожомжар. Аккабактан (Айтак): Көзулу, Арзыкул, Бөрчөк, Сарыкалпак, Ногой (Көгөй) уулу. Кулжыгачтан (1-аялынан-Күрүчбек): Караболот, Шаболот, Качыке, Жөөдике төрт баласы болгон. 2-Супкана деген аялдан: Сүтэмген, Итэмген. Чородон: Марка, Барчын, Боржук. Тойматтан, 1-аялдан: Жанболот, Чымынтай, Конур уулу. 2-казак аялдан: Жаныбек, Жаныш, Сарт, Көсө. Жанболоттон: Кожомберди, Байбагыш, Ырысменде, Ырыскулбек, Дербишаалы, Бегаалы, Эраалы. Курманкожодон: Жорупту, Кутуш. Жоруптудан: Сокур. Кутуштан: Карпык. Ырыскулбектен: Атантай уулу, Тайлак, мындан башка беш уулу болгон.
    Тайлактан: Осмон уулу. Байбагыштан: Кубат, мындан Келдике уулу тараган. Ырысмендеден – Сүйүнбай уулу тараган. Эраалыдан: Баатай уулу тараган. Бегаалы, Дербишаалыдан: казак уулу тараган. Караболоттон: Токтогон, Кожотай, Кадыржан: кадыржандан: Чал, Жамантай, Жаныш. Буларды Күрүчбек уулу дешет. Сүтэмгенден: Чапкынчы, мындан: Кочкор, Күчүк, Араке, Кудакы, Чүлдөкө. Итэмгенден: Айт, Жутаке, Алымбай, Майрык. Күрүчбек деген аял күңүсү – Супкананы отунга жиберип, Супкананын баласы Итэмгенге жаш күчүктөгөн итти эмизип сооротчу экен. Супкана отундан келсе баласы уктап жатчу экен. Бир күнү Супкана аңдыса, баласына итти эмизип жатканын көрүптүр. Көрсө итти эмип, бала курсагы ток, уктап калчу экен. Ошондон Итэмген деп ат коюлган дешет. Айттан: Туку. Тукудан: Ажыбек, Шайыбек, Качыке, Кедей, Карагул, Шаабото.
    Жутакеден: Токтор, Кожомкул, Каракубат. Кожомкулдан: Кырбаш. Каракубаттан: Айдарбек. Алымбайдан: Алтыөтүк, Кубат. Майрыктан: Эсенгул, Мажик. Түгөлдөн: Маңгыт, Көккөз, Осмон, Ашыраке, Кедей, Жараш, Атбаспас, Амандык, Кудаш. Маңгыттан: Эсеркемиш, Казыгул, Сүйөркул, Байболот, Токтор, Садык, Доскулу, Курманкожо. Сүйөркулдан: Бапа, Жыргал, Бокой, Кудайкул, Кабыл. Булардан таралганды Катаган уулу дейт. Байболоттон: Тогузак, Төлөмүш. Буларды байталчы дешет. Курманкожодон – Кунтуу, Кудайбакты, Мойнок. Кунтуудан: Андагул, Ажыбай, Жакшыбай. Кудайбактыдан: Жедигер. Мындан Бештерек. Мойноктон: өмүрбек, Манас. Көккөздөн: Жаанбай, Далбай, Ыса, Шыман. Буларды жараш уулу дейт. Эсеркемиштен Айту.
         Катаган саяк жөнүндө: илгери кыргыздын ханы Көкүмдү Уйсун деген Казак уруусунун ханы Карабайтик көралбастык менен конокко чакырып, кымызга уу кошуп берип өлтүрөт. Көкүм өлгөндөн кийин Казак, Кыргыз, өзүбек биригип Эшимди хан көтөрүшкөн. Ошол кезде Кыргыз-Калмактын согушу болуп, ордуна убактылуу өзүбектин Катаган деген уруусунан Турсун хан болуп калат. Турсун Эшимге сиз кайра келгенче Казак, Кыргызга тийбеске ант берет. Эшим калмакка каршы кеткенден кийин, Турсун антын бузуп Талас, Чүй кыргызын чаап алат. Бул окуя жөнүндө кабар Иледеги Калмак менен кармашып жүргөн Эшимге жетет. Ал калмакка каршы күрөшкө аскерин калтырып, өзү кайра келе жатып Ысык-Көлдүн аягында минип келе жаткан тору айгыры өлөт (Тору-Айгыр деген айыл ошондон аталып калган дейт). Таласка жеткенде минген жоргосу өлөт (ошондон Жоргонун бели деп аталып калган дейт) .
         Эр Эшим мурун Саяктын Түгөл деген байы менен дос экен. Андан Шарткулак күлүк атын минүүгө күчүн алып, минип Ташкендин чегине келгенде бир жаш кыздан хан Турсундун элди кыйнаганы жөнүндө ырын угуп, ал жетим кызды Эшим багып алган. Турсун менен Казактын ханы Карабайтикти элдин алдында жазалап өлтүргөн дейт. “Катагандын хан Турсун, хан Турсунду ант урсун” деген лакап сөз эл оозунда айтылып калган дешет. Кийин Шарткулак күлүк атын кайра алуу үчүн Түгөл Маңгыт деген баласын Эшимге жиберет. Эр Эшим аты менен кошо багып алган кошокчу кызды берет. Бул кызды Маңгыт алат. Ошондон төрөлгөн тукуму Саяк ичиндеги Катаган уруусу таралган дешет. Ошентип Түгөлдүн Маңгыт уулунан Курманкожо, Казыгул, Сүйөркул. Буларды Саяк ичинде кошокчу кыздан төрөлгөн үч урук катагандар деп коюшат. Же катаган саяктар деп коёт.
         Кайдуулаттан: Бакмендеке, Байболот, Каратай, Төлөк, Бештаз, Адигине, Түнкатар, Тунтөй, Байбарак, Жообасар. Бештаздан: Жанбарак уулу, Адигинеден-Казакбай уулу, Байбарактан: Думана уулу. Түнкатардан: Назар, Арзымат, Бокбасар, Жорукту, Көкүмбай, Нарбото, Качканак, Сакетай. Назардан: Сарыборкемик. Арзыматтан: Садыр, Сейит. Токтор, Садык, Доскулу балдарынан тараган элди өз ичинен көкмөө деп да коюшат.
         Тайлак саяк уруусунун чоро тукумунан чоң атасы Жанболот баатыр Кытайдын ханзаадасын өлтүрүп, 500 кундугун алат. Кытайдын көп колу издеп Тогуз-Торонун Жыртык-Күнгөй деген жеринен табат. Тайлактын өз атасы Ырыскул, агасы Атантай, инилери: Чолпонбай, Жаркымбай. Жаркымбайды Кашкарга бек коюп, Нарынга кайтат.
    Кийин кытайлар Кашкарды алат. Жаангерди колго түшүргөндө Чолпонбай, Жаркымбай качып кутулат. Тайлактын даңкы чыгып турганда Ормон да Тайлак менен кудалашып, Тайлактын баласына кызын бериптир. Болгон окуялардын жылдары белгисиз. Тайлак баатыр ууланып өлгөндөн (1838-жылы 42 жашында) кийин Кокон канынын бектери көп кол менен келип Тайлактын күмбөзүн найзалап, Тайлак тышка сайышка чыкпайсыңбы деп кулаган өз чебин оңдоп, кыргызды катуу эзет. Тайлактын кызын Кокондун беги олжого алганда келиндин кошогу:

          “Кара тоону кар алды,
         Карчыганы сарт алды.
         Кан атамдын айымын,
         Кара сакал сарт алды,
         Эки көкүрөктү дарт алды”, - деп.
         Тайлактын тукуму Тогуз-Торо районунда жайгашкан.
         Тайлак баатырдын уулу Осмон датка. Осмон балтыр бешик убагында Кытайдын урушунан аман калган. Жетилип, атасы Тайлак сыяктуу болуп Кокон ханы датка деген наам берген. Осмон калк сүйгөн киши болуп, элин башкарып турган убакта, орустар кыргызды каратканда, Осмон орус акимдерине баш ийбестен серүүн турганда, Шабдан орус падышадан чен алган кези болот. Осмон датка баш ийбей турган учурда саяк уруусунан Боркемик тукумунан: Райымбек, Келдибектер орус акимдерине Осмондун үстүнөн чагым жүргүзөт: “Осмон падышага баш ийбей каршы турат, салыкты бердирбей элди тыят”, - дешет.
    Маер төрө, Шабдан, Ыбрайымбек, Келдибектер болуш шайлоого жана Осмонду адепке чакырып, баш ийдирүү үчүн Осмондун элине аскери менен барышат. Осмон да 500 түтүн элин көчүүгө даярдап коёт. Жасоолдор бейбаштык менен Осмондун элинен союш алып, ыноого деп ат кармап кирет. Төрөлөрү союштарды сойдуруп жатканда, түн ичинде Барахан жолдоштору менен келип, төрөлөрдү кармоого киришет.
    Маер төрө Нарын дарыясынын боюндагы теректин башына чыга качып кутулуп кетет. Шабдандар туш-тушка качып кутулушат. Барахан Келдибекти, Баякени байлап алып кетет. Осмон 500 түтүн элин, малын куткарып Көк-Арт ашуусун ашырып, Ферганага ооп кетет. Эртеси Шабдан аскери менен Осмондун артынан кууп барганда Барахан токтотуп, кайра сүргөндө Шабдан качат. Барахан Шабданды кубалап, найза менен кежигеге саюуга жетпей калып, Шабдан качып кутулуп кетет. Бул окуя 1868-жылы болгон.
         Осмон Анжыян багытына түшүп, кайра Кашкарга кирет. Бедөөлөттүн сарбоздору Осмондун элин Кашкардын түштүк жагына өткөрөт. Осмон менен Баракан Бедөөлөткө саламга кирет. Бедөөлөт текшерип туруп Бараканды орго салдырат да, Осмонду коё берет. Бир айдан кийин Бедөөлөт Баракандын кызматы жакканда миң башы кылып, үрүмчү жакка барып, кытай менен урушканда баатырлык көрсөткөндө башын жоолук менен бууп, колуна кылыч алып, кытайларга кирип кыруучу экен. Осмондун эли Кашкардын Бакалык деген жеринде 8 жыл турат.
         1876-жылы Бедөөлөт өлүп, кытайлар Кашкарды алганда Бедөөлөттүн бектери союздашы Түнгөндөр Россияга качканда, Осмон көчүп Ак-Сайга чыгат. Осмондун кабарын угуп Келдибектин уулу тосуп көрүшүп, кеңеш берет: “Осмон аке сиз Ташкенге барып кагаз алып келиңиз”, - деп. Осмон Баракан экөө Ташкендеги генерал-губернаторго барып кагаз алып келет. Осмонго бирөө да тийбесин, өз жерине келди деген буйрук берген экен.
    Осмон качканда байлап кеткен Баякени бычат. Ырайымбектин башын кыймалап тилет. Келдибекти жылаңачтап күндө бир убак тикен менен сабачу экен. Келдибек сабоонун запкысынан 6 айдан кийин өлгөн. Осмон эл-жерине келгенден кийин бир жыл өткөндө өлгөн. Тайлактын тукуму Тогуз-Торо районунда көп түтүнү турат. Осмон, Баракан бир тууган болот.
         Жоруктудан: Бегат. Нарботодон: Рыскулбек, мындан: Акмат, Дыйкав, Атакан, Мырзакан, Миңбай, Керимбай. Буларды санжыра боюнча Рыскулбектин беш каман деп айтылат. Токтогул ырдаган беш каман ушулар. Түнтөйдөн: Арбото, Базыл, Мурат. Арботодон: Абат, Дуулат, Түнтөйдун тукумдары Кетмен-Төбөдө турат. Жообасардан: Баялы, мындан: Монол, Айылчы, Асыл, Жайчыбай, Элчибай, Жаанбай. Монолдон: Төлөгөн, өтөгөн, Учбай, Саркулак, Кашка. Айылчыдан: Осмон, Абыш. Асылдан: Ысрайыл, Ысмайыл, Касымбай. Жайчыдан: Кара, андан: өмүркул, Орозбек.
    Бакмендекеден: Кулуке, Шербек. Кудакеден: Токсаба. Шербектен: Сыргабай, Сирепей. Байызбектен тарагандар: биринчи топтогу “анык саяктар” деп, Дайырбектен, Сабаздан таралгандар экинчи топтогу “Чекир саяктар” деп айтылат. Анткени экөөнүн атасы башка, энеси бир, энелеш болгон. Дайырбектин, Сабаздын ортончу баласы Жусуптан: Жетиген, Катаган деген эки уулу болгон. Жетигенден: Нусуп. Андан: Кыбал, Кыргый, Молдийрек. Кыбалдан: Кудайберди (Канатейит), Тагаймат, Байсейит, Миңсейит, Түлөкабыл. Кыргыйдан: Карамоюн, Сарымоюн. Молдоийректен: Дербиш. Кудайбердиден (Канатейит): Кудайменде, Ормош, Жалаңнайса. Тагайматтан: Касакул, Байболот, Торсок. Кудаймендеден: Бейше, Насип (Кесексары), Жаныбай. Бейшеден: Чокой, Итэмген, Төлөбай. Дербиштен: Жаныбек, Жал. Жаныбектен: Максат, Байжаныш, Кубат, Абышка.
    Байжаныштан: Асан. Жетиген уруусунун жайгашкан жери: Кыбал, Чокой, Төлөбайдан таралгандары Талды-Булак, Арал-Терек, Буденновск райондордо, Итэмген, Кесек Сарыдан тарагандар Туш-Ашуу, Ормоштон тарагандар Көрпө, Көк-Кыя. Кудаймендеден тарагандар Киндикташ, Кашкажол. Жалаңнайсадан тарагандар Кара-Сууда, Буденновский райондордо. Жана Панфилов, Сокулук райондорунда бар. Насыгул, Бекболот, Байсейит, Кыргый, Карамоюндан тарагандар Буденновск районуна караштуу айылдарда отурукташкан. Дербиш, Жаныбек, Асан, Абышка, Жалдан таралгандар Куланак, Нарын районуна караштуу айылдарда отурукташкан. Саяк эли көп. Эл башкаргандары да көп болгон.
         Рыскул уулу Тайлак баатыр Кытай, Кокон хандыгынын эзүүсүнөн кыргыз элин сактаган. Кокон ханы өчөшүп, бир табып молдону жиберип, ал уу берип Тайлак баатырды 42 жашында өлтүргөн. Тайлак 9 аял алып көп балалуу болгон дейт. Көкүмбай, Кайдуулат, Каба, Алакөз, Максүт, Садыр ж.б.у.с. болгон деп санжырада айтылат. Кыргыз элинде Жумгал элинен Куйручук, Тынымсейит уруусунан, Нарын элинен – Көкөтөй, Саяктан Жоошбай ж.б. болгон.
    Кабанын баласы Шыкмаматтан: Курткамерген, Бектемиш, Анжай, Ынжай. Бул төртөөнөн Акылбек, Анылдак, Бакачы, Бокотой, Барак, Кожояр, Бөлөкбай, Ынжай айылы азыркы Ысык-Көл районун түзөт. Темир айылынан Таштакка чейин Эсенбай, Ырыстай, Асказан, Эсентүгөл, Кулча деген эл бар. Ошол элди беш ата Кожояр атайт. Ушул элден чыккан Садыр. Садыр акеге чейин Шыкмамат саягы чачылып, беш ата Кожояр эли Текестин Шаты деген жеринде, Чиркей – “Сарууда”, Бокотой – Барак “Кара-Моюн-Кызыл-Сууда”. Ат-Башы, Нарында. Олжобай, Чоң-Арык-“Тосор, Тамгада”. Анылдак Акылбек –“Күрмөнтү” .
         Тайлак баатырдын күмбөзү Ак-Талаа районунда дешет.

         Схема 128. Стр.211

         Схема 129. Стр.212

         Схема 130. Стр.213

         Схема 131. Стр.214

         Эскертүү: Курткамергенден тарагандар Тору-Айгыр, Чырпыкты, Чок-Тал аймагында жайгашкан. Исак Акунбаев догдур ушул ата уруудан дейт. Бокотой менен Төлөгүн анылдак деп аталат.
    .      Күндөрдүн биринде жайлоого көчмөк болуп, Каба конушту көздөй эртең менен Актери, Бозтери, Энтери балдарына жылкыларын айдатып кетет. Калгандары көчүүгө камынып, үйлөрүн унаага жүктөтүп, байбичеси күнүлүк кылып (Кабанын 3-аялы түштүктөгү уруусу кыпчак Кантийбестин кызы) Акберметтин жүгүн жүктөттүрбөй, журтка таштап көчүп кеткен. Жаңы конушка барган жүктөрдүн ичинде Акберметтин үйү жогунан Каба байбичесинен: “Акберметтин жүгү кайда”, - деп сурайт. Анда байбичеси: “Түндө ошондо жатпадың беле. Ошого эркелеп, байдын өзү көчүрбөсө, сени менен көчпөймүн деп калып калды”, - деп жооп берет.
    Каба жигиттери менен журтта калган Акберметти көчүрүүгө келсе үй мүлкү, мал бүт калган, эч ким жок. Көрсө Акбермет күлүк Акжал атын токунуп, баласы Шыкмаматты өңөрүп, түштүктөгү атасынын үйүнө кетиптир. Изин кууп, дарыя сууга чейин келип таппай, Каба кайра айылына келет. Акберметтин атасы кызын өзүнчө үй-жайга жайгаштырат. Шыкмамат чоңоюп 14-15 жашка жетип калат. Тентек болуптур. Күндөрдүн биринде бир баланы уруптур. Баланын энеси Шыкмаматты: “Тентибей атаңды таап ал”, - деп ызалантып коёт. Ошондо Шыкмамат ызасына чыдабай, апасы буудай кууруп жатканда: “Берчи апа буудайдан” – деп сураганда, ал ысык буудайдан бир ууч алып Шыкмаматка бергенде, энесинин колун бекем кысып: “Апа чыныңды айт, менин атам ким, ал кайда турат”, - деп сураганда, апасы Кабанын мүнөзүн болушунча айтып берет. Болгон чындыкты, жашаган жерин айтат.
    Шыкмамат атасын издеймин дегенде, таятасы 40 жигит, курал-жарагын, энеси жол азыгын камдап, 40 киши бата турган чатырын камдап, бир семиз козунун этин эжигейге бышыртып, дасторконго ороп куржунга азыгы менен салып, төөгө жүктөтүп, баруучу жолун айтып, ала келген атасынын бычагын (кестигин) колуна берет. Шыкмамат энеси айткан Нарындын суусунун боюнан орун алып, бир жигити менен суудан өтүп, мал издеген адам болушуп, көрүнгөн малды “Кимдин малы” деп сураса, баары Кабайдын малы дешет. Бир баладан Кабанын үйү кайсы десе, дөбөдөгү чоң үйдү көрсөтөт. үйдүн жанында кермеде 2 күлүк ат байланып турганын байкайт. Шыкмамат туурдуктун тешигинен атасын караса, түспөлү энеси айтканга окшойт.
    Чатырды тигип, 2-3 бээ сойдурат. өзү, жигиттери Кабанын жылкысына тийип, миңдеген жылкыысын Тешик-Таштан өткөрүп салат да, ошол жерден күтүп жатат. Каба жылкынын изине түшүп келсе, из өтө жай кеткен. Бул кандай из деп атынын оозун коё берип, эми Тешик-Таштан өтө берерде бирөө салам айтып, чап колдон алат. Аттан түшүрүп, колундагы жаасын алып, Кабаны акырын жетелеп чатырга алып барат. Шыкмамат: “Тешик-Таштан бир да адам өткөрбөгүлө” деп буйрук берет. Каба колго түшөөрүн түшүп, бирок эч кандай зордук-зомбулук көрбөгөнүнө таң калат. Кабанын жанында жалгыз Шыкмамат калат. Шыкмамат: “Ата балдарыңыз жок беле, жылкынын артынан өзүңүз келипсиз, өзүңүз келгендиктен жылкыңызды кайра берейин, капа болбоңуз. Орозоңузду ачпай келдиңиз, тамак-аш ичип алып, малыңызды айдап кетиңиз. Эгер малыңыздын артынан башка адам келсе жаман болот эле. Баарын кырып, жылкыңызды айдап кетет элем”, - дейт.
         Бат эле колго суу куюлуп, эжигейге бышырылган жаш козунун эти Кабаанын алдына коюлат. Этти кесип жегенге бычагы жок, Каба кысталып отурганда, Шыкмамат: “Оо жарыктык, бычагыңыз жок беле, мына” деп киседе илинип турган кестикти сууруп алып, жууп, Кабанын алдына коёт. Каба колуна кестикти ала коюп аябай чочуп кетет. “Бул кандай иш, ээ кудай менин Шыкмаматым аман-эсен бар экен го”, - деп Каба эки жагын каранып, көздөрүнө жаш алат. Шыкмамат чыдабай атасын кучактап жыгылат. Атасын сагынган неме көпкө чейин кучагынан чыкпайт, Каба да уулун бооруна кайра-кайра кысат.
         Каба чоң той берип, Акберметке кайрадан нике кыйдырып алат. Айылына келип Шыкмаматка энчисин берет. Шыкмамат атасынын тамгасын бузуп, жылкыларынын оң жагына кыйгач тамга салат. Ошондон кийин “бузуктамга Шыкмамат” атка конот. Агаларынан бөлүнүп, атасы Кабаны колуна алып күнгөйдөгү “Кырчын” деген жерди жердеп калат. Каба ушул Кырчындан көз жумат. Сөөгү Чолпон-Ата мазарында Долонотуда.
         Шыкмаматтын да атасыныкындай жалы бар экен. Каба Шыкмаматка сарбагыштын баласы Дөлөсбактынын кызы Токтобүбүнү алып берет. Шыкмаматтан: Култай, Кожош, Кудаш (булар сарбагыш элине жээн болот). Култайдан тарагандар Ысык-Көл районунда жайгашып, “күнгөй саяктар” деп аталат.
         Көп автордун жыйнагында Кабанын 3-аялынан: Кутунай, Бегат. Булардан тарагандар Кетмен-Төбөдө жашап турушат деп айтылган.

         Схема 132. Стр.217

         Схема 133. Стр.218

         Схема 134. Стр.219

         Схема 135. Стр.220

         Схема 136. Стр.221

         Схема 137. Стр.222

         Жакшыбай.
    үч аялдан 7 уулдуу болгон дейт. Аялсыз жашап, улгайып калганда дагы аял издеп бир топко жүрүп, акыры бир айылдан 2 кыз жашаган үйгө туш келип сураштырса экөө бир тууган аталуу жетим экен. Улуусунун аты Көрпөтебетей 15те, кичүүсүнүн аты Теритебетей 13 жашта экен. Бул кыздар Жакшыбайга жагып калат. Улуусу жактырбай чаныптыр. Кичүүсү эжесине жетим кыз болсок, кайсы алыңа чанасың, мындай кишини кайдан издеп табасың. Сен барбасаң, мен барам, этегин кармап оокат кылып көрөйүн, ажалым жетсе өлөйүн, кудай берсе төрт бала төрөп берейин деп Жакшыбайга баш кошуп, ишеничин актады. өтө чыйрак, чыгаан болуп, бардыгын башкарып, Кургак атка конуптур. Айтканындай: Жолдош, Сака, Чүкө, Ниязбек деген 4 уулду төрөп бериптир. Булар энесинин атынан Кургак аталыптыр.

    (Теритебетей энеден), Жолдош, Сака, Чүк,ө Ниязбек, Байтөлө, Илеп,е Курман.       Сака - Акын Музооке, манасчы Сагымбай, Бозтуйгун, Алакарчыга, Бегалы сакасынан тараган дейт.
         Схема 138. Стр.223

         Схема 139. Стр.224

         Схема 140. Стр.225

         Ит эмгендин уулу Түлкү – саяк уруусунан чыккан санчы-сынчыны чакыртат. Сиз Болотбийге тандап Талакени аялдыкка алып бердиң, мага да тандап аял алып бергин дегенде сынчы Түлкүнү ээрчитип, айылдарды кыдырып жүрүп Тогуз-Торого барганда күн жаай баштайт.
    Ошол кезде отун терип жүргөн кыздарга кезигип, жаандан корголоп, отундун үстүнө отуруп, музоосун кармап кабын жамынган (12-13) жаштагы кыздан сынчы: кимдин айылы, эмнеге олтуруп калгандыгы жөнүндө сураса, кыз: “Менин үч олжом бар: 1) отунум кургак; 2) өзүмдүн кийимим кургак; 3) музоом эмген жок. Тигил кыздардын үч зыяны бар: 1) отуну, кийими суу болду, 2) музоосу эмди, 3) үйүнө барганда энелеринен жеме укту”, -деп жооп берет.
    Сынчы: “Атаң кандай киши”, - десе, кыз: “Атам баатыр киши. үйүбүз айылдын четинде жөлөлү турган, 40 найзасы бар”, - деди. Айылга баратып сынчы Түлкүгө айтты: “1) Тогуз-Торо жерин көрүп алтын чөйчөк деген жер экен. 2) Издегениң табылды. Ургаачынын өөк сырттаны, бөрү жатын, алтын согончок деген ушул кыз болот. Байкасаң жатканыңда эки колу тизелеринен билегинче ашып калат”, - деди. Муну алсаң эч нерседен коркпогон, эки жакка жортпогон, көзү чаар, өңү заар көк жал туулат. Андан соң ач арстан туулат, андан кийин эки бөрү туулат. Мунун тукуму мурунку экөөнүн тукумуна букара болот”, - деди.
    Түлкү сүйүнүп, баракелде сынчым, эми жүр ошол кыздын үйүнө баралы деп, айылга келип кыз айткан үйдү тапбады да түндүгү жок, ууктары бирине-бири жөлөнгөн кара алачыкка түштү. Ата-энеси карыган, кедей адамдар экени үйүнөн көрүнүп турат. Ал-жайын сурашып турганда кыз келди. Эртеси сынчы кыздын ата-энесине куда болуп Түлкүгө кызын берүү жөнүндө сөз болуп, акыры макул болгон кезде, кызы ууруга барбаймын дегенде ата-энеси кызын макулдатып, Түлкү ата-энесин кошо кызды айылына көчүрүп келе жатканда кабак аркылуу Жумгалды карай бет алып, Орто-Кууганды токоюна келгенде жол боюнда жолборс көчтү өткөзбөй турганын көрүп Түлкү атынан түшүп, кылычын сууруп, жалтанбастан жолборстун маңдайынан жара чаап таштап, атына минип сынчыга карап, союп алгыла деп бастырып кете берди.
    Кемпир кызына ачуусу келип, ушундай жигитке тийбеймин дейсиң деп колундагы сабоо менен кызын чаап жибериптир.
         Түлкү Жумгалга эл-жерине келип той берип, кызга үйлөнгөн экен. Ушул аялынан Ажыбек, Шайыбек, Качыке, Кедей. Сынчынын айтканындай Качыке коркпогон, жортпогон киши болуптур. Ач арыстаны Кедей болуптур. өз заманында баатыр кишилер болушкан дейт.
         Маркадан: Алдаберди, Калчадан тараганды чычкан деп коюшат. Себеби: Калча Анжиянга күйөөлөп барганда жаңгакты көп жегенден төшөгүнө ичи өтүп кетет. Ошондон чычкан деп айтылып калыптыр. Ырайым, Кумардан тараганды чоң чарык деп айтышат. Себеби: атасы Карганын чокоюна улак кирип жатып алыптыр. Ошондон чоң чарык деп калыптыр дейт.
         Тоймат-моңолдор уруусунан жесир аялга (2-аялы) үйлөнөт. Аты – Коүурдун боюнча бар имиш. Кийин эркек бала төрөйт. Атын Жанбала деп коёт. Муну угуп моголдор доолап келсе, бала өзүбүздөн деп жан берип, баланы бербей коюптур. Ошондон Жанбала деп айтылып калыптыр дейт. Тойматтын 2-аялы Коңурдан тарагандарды Коңур уулу деп айтышат.
    Жанболоттун уулу Кожоберди баатыр болуптур. өтө каарман болгондон элдин каргышына калып, тукуму аз эл деп айтылат. Ак-Талаа, Конорчок деген жерде жайгашкан. Түлкүдөн Байзак баатыры Шабданга баш ийбей, бийлик талашкан деп да айтылат. Түлкүнүн баласы Мангыттын аялы хан Турсундун кызы болгон. Мангыттын Казыгул, Сүйөркулдан тарагандарды катаган саяктар деп коюшат.
         Кулжыгач жолоочулап алыс кеткенде айылына соодагер кербенчи аралап өткөндө улуу аялы – Күрүчбек күнүлүк кылып экинчи аялы Супкананы бир балтага кербенчиге сатып жиберет. Супкананын эки уулу бешикке бөлөнгөн боюнча журтта калат. Кайберенди эмип, итти эмип балдар курсагы ток жата берет. Кулжыгач сапардан келсе айыл жок. Журтта калган бешиктердин жанында эки караан көрүнөт. Жигиттин бирөөнү тез чаап бар да, аныгын билип мага кабар бергин дейт. жигити чаап барса, эки бешиктин жанынан эки караан качып кеткенин көрүп, кайра келип Кулжыгачка айтат: ушмдукту көрдүм, “бирөө кайберен, бирөө ит”, эмизип жатыптыр балдарды. Аларды кармоого менде ал барбы. Ошол эгиз балдары Кулжыгачтын Сүтэмген, Итэмгени деп айтылып калган деген сөздөр бар.

         ЧОРО МЕНЕН БУГУНУН ЧАТАГЫ                                                  (түзүмгө)
         Ормон канга Чоро Тайлак баатырдын уулу Осмон датка баласы Ботоканга Ормондун кызын алып берүүгө, кудалашууга барганда Ормон Осмон датканы тоотпой, жок же бар деген жоопту айтпай койгон дейт. ошол мезгилде казактан, бугудан жортуулчу келишип, Ормондун жылкыларын айдап кетишет.
         Артынан куугунчулар барып ажыратып алалбаган учурда – Осмон датка Тайлак баатырдын Карабөбөтөй баатыры жана кудага келгендер куралы менен барышып, жекеге чыкканда казактын баатырлары ыргыта сайып, Ормондун жылкыларын ажыратып, мындан тышкары 60 атты олжого алышкан. Аттарды бүт Ормонго калыңга кошуп беришкен.
         Ошондон кийин тоюңду бер, келиниңди алып кеткин деп Ормондон жооп болгон дейт. осмон датка тойго келген элдин аттарын соё бергенде, атынан ажыраган эл Ормонго арызданса, анда Ормондун жообу: “Осмон датка чородон жылкы айдап келиппи, кой деген тилди алабы? өз билгенин жасайт”, - деп койгон дейт.
         Куда болгондон кийин Ормондун уулу үмөталы Чаргын, Арпа жайлоосун жайлап, чоро Келдибек, Баатай, Осмон датка ынтымакта турушат. Күндөрдүн биринде үмөталы өчүмдү алайын, бугуларды чабалы дегенде кудалары макул дешип, Арпада жайлаган бугунун айылын чаап, малын талап алышат.
         Ошондон үмөталы Кочкорду карай көчүшөт. Себеби: бул тарапта бугунун эли көп. Ат-Башы, Нарын өрөөнүндө турушкан. Бугунун чабылган айылынын кесепетинен кектүү болушкан бугулар 2000 кол менен кышында Арпадагы Келдибек, Баатайдын айылына жөнөшөт. Бул кабарды угуп, камынып калышат. Бугунун 2000 кол башчысы Бектенге (мурда жигит болгон саяк уруусунан) Каракөз баатыр келип, көп колду баштап өзү көргөн жол менен түн ичинде Келдибектин айылына келип жайгашты. Ошол түнү Келдибектин уулу Ысырайыл Акымбек экөө күзөттө турганда кишилердин карааны көрүнүп, сөздөрү угулат. Акымбек үн салып, сен баланчасыңбы, өзүбүздүн айылдан экен деген ой менен чакырса, ал киши: “Ооба”, - дейт. анда Акымбек: “Насбейиң барбы?” десе: “Бар”, - деп: “Кел бери”, - деп чакырып алып, келери менен чап кармап, Акымбекти байлап салат. Тигилер бугунун кишилери экен. Ысырайыл качып кутулуп кетет. Акымбек таяк жеп кыйналганда бардыгын айтып берет.
    Таң сүргөндө жарма жасап ичүүгө май туурап сызгырып жатканда байлануу жаткан Акымбек кичине баладан сызык сураса, бала бир сызыкты Акымбектин оозуна салып жиберет. Көрүп калган аксакалы баланы жемелеп, дароо барып Акымбектин оозунан сызыкты жулуп жиберет. Ошондо ырымчыл карылары: “Кудай урду. Ишибиз тескери кетеби. Адегенде даамды душман ооз тийип калды, деп баланы жемелешип, Асымбекти союп, туу кандайлы дешип, таңдын эресесинде колу-бутун байлап жаткан учурда Келдибек, Баатайдын колу каптап киргенде, бугунун колу шашып Акымбекти өлтүрө албай калып, эки жоо беттешип жекеге деп чакырышканда бугунун бир баатырына Ысырайыл чыгып ыргыта сайган дейт. Экинчи жекеде Болот баатыр сайып түшүрөт. Эки тараптын чабуулу күчөп, көп кишилер өлүп, жарадар болот. Бугунун колу артка чегинип, Кожогулдун сайынан (Масетиндин белинен) Чеш-Төбөгө чейин сүрүп, чоронун үстөмдүгү болгон дейт.
         Бектен качканда чоро ураанын чакырып Каракөз баатыр Келдибекке кирип кеткен дейт.
         Ушуну менен биринчи чабуул бүтөт.

         САЯК САРБАГЫШ ЧАТАГЫ                                                  (түзүмгө)
         Саяк Жанболоттун жылкысы Кочкордун Айтактын жайытында жайлап, жылкычылары эркинче жүрүп, эриккенде тай-кунан чаап байгеге майда мөрөй беришип жүргөн. Күндөрдүн биринде ушундай тамашага Айдаке туш келип калат. Бир жылкычы: “Менин тайым чыкты, байгесин бергин”, - деп экинчи тараптагы жылкычыдан сураса, ал: “Мына Айдакени мөрөйгө сайдым”, - дейт. ошондо Айдаке ыза болуп, агасы – Ныязбекке айтат.
    Ныязбек саяк Качыке баатыр, Медет даткага киши жиберет. Жанболот алдына келип тартуу берип кечирим сурайбы же Жанболотту чаап алайынбы деп, Качыке медет экөө сүйлөшүп: “Сенин жылкычыларың ээнбаш экен. Ниязбекке туруштук бере алчу күчүң жок. Тогуз атты алдына тартууга алып баралы дешет да 9 атты Качыке, Медетке берип, мен көйнөгүмдү кийип, эртең болжогон жерден кезигишели деп Жанболоттун үйүнө кетет. Түн боюнча малын айдап, элин көчүрүп Нарын тарапка качат. Болжогон жери Кубаакынын белинде Качыке, Медет күтө берет. 2 күн өткөндө бир жолоочу айтат, Жанболоттун көчү Чаар-Арчаны ашып Соң-Көлдүн Беш-Мойногунда кетип баратат дегенде – бизди алдап качып кеткен тура дешип, Качыке, Медет аттарды айдап Ныязбекке барышат. Ныязбек тууганыңарды өзүңөр качырдыңар деп 9 атка ыраазы болбой Качыкени ызалап коёт. Бул ызадан кийин саяк уруусу кол курап, Жанболоттун баласы – Кожоберди Жумгалга Качыкенин үйүнө барат. Кетмен-Төбөдөн өйдө чекти саяктан Карашана дегени да барат.
         Качыкенин баласы эраалы да кошулуп көп кол менен Чүйгө жөнөп Ниязбекти басып, малын чаап алышты. Шамшынын Ага Чактысынан күтүп турушту. Ниязбек кол жыйнап, 8 баласы менен куугунга жөнөдү. Күтүп турган жерден саяктын Эраалы баатыры жекеге чыкты, буга Ормон чыкканда, муну ыргыта сайып, байлап колго түшүрүп алышты. Экинчи жекеге Субан чыгып Эраалыны ыргыта сайды. Эраалы атына минип, качып кутулуп кетти. 3-жекеде Субанды Кожоберди ыргыта сайды. Субан атына минип кутулуп кетти. Ниязбек тарап чегинип качышты.
    Эраалынын аты Ниязбектин атына жетпей калды. Ниязбек кылчайып: ”Ой тарт кайра, өзүңдү атайын десем, Ормонуң колго түшүп калды, атыңды атайын десем атаң жөө калат”, - деп кыйкырса Эраалы качырат. Анда Ниязбек саадагын ыргыта атканда Эраалы кайра тартат. Көп малын олжолоп, Ормонду кошо ала кетишет. Барганда Ормонду Дөөлөт устага тапшырат. Дөөлөт байлайын десе Ормон байлатпай тап бергенде Дөөлөт чочуп, барскан менен Ормонду мурунга ургандан кийин кан-жел болуп калган дейт. Ормон бир жыл туткунда турганда сарбагыштар алып келели десе, Ниязбек: “Калган 7 уулум болот, Ормонду эмне кылса өзүлөрү билсин, саякка тартуу тартып барбаймын”, - деп койгон дейт.
    Ормонду айрым күндө башына элечек ороп уй саадырган, ж.б. кордуктар менен туткунда кыйнаган. Ормон качып, колу-бутундагы кишени менен суу жеген арыкка жашынып жатканын катаган уруусунан бир киши төө издеп жүрүп көрүп, үстүнөн жабдык алып келип, кишенден бошотуп, үйүнө багып, Ормонду үйүнө кетирет.
         Кийин Ормон Чүйдөн Кочкорго көчүп келип, күч жыйнап саякка асыла баштаган дейт. Кулжыгачтан Качыке, Чородон Мынакелди Макмал жайлоосун жайлаганы үчүн Курманкожодон (Медет датканын элинен) 30 ат тартууну Ормон алат. Себеби, мен жокто Соң-Көлдү жердеп жүргөнсүңөр деген шылтоо.

         Схема 141. Стр.231

         Схема 142. Стр.232

         Кадыралы уулу Камчыбек 1941-жылы Жумгал районунун Эпкин айылында туулган. өзү саяк уруусунан. Саяк уруусу жөнүндө Төрөкановдун санжыра китебинде жана жазуучу жумгалдык саяк Жапар Кенчиевдин 2002-жылы басылып чыккан “Бабалар баяны” аттуу китепте саяк уруусу жөнүндө кеңири көрсөтүлгөн.
         Кадыраалы уулу Камчыбектин 2007-жылы басылып чыккан китебинен: саяк уруусу Ак-Балтадан келет экен дейт.

         Сурантай – Чыбытай – Сабатай - Муратай.

    .      Чыбытай өз элине хан болуп турганда Чынгызхан кол башчылары: Субатай, Бахадур, Дарканды баалу белектер, 9 шумкар менен жиберип, аны өзүнө кошулууга чакырат. Чыбытай баалу белекке кызыгат, экинчиден монголдордон чочулап, элчилердин өтүнүчүнө макул болот.
         Чынгызхан Чыбытайдын белдүү адамдарын Кытайга каршы согушка салып, кыргынга учуратат. Аман калган Муратай калган кыргыздарды чогултуп Кожентке келип жашап калышат. Муратай Жусупбек, Сүйүнбек аттуу эки балалуу болгон. Булардан тарагандар өзүнчө схема менен төмөндө көрсөтүлдү. Абдырайым, Карек Бухарадагы мектепте окуп билим алышкан. Абдырайым хан сарайына чейин кызматта иштейт. Эрдене хандын кызы Манисага (Маанишайымга) үйлөнөт. Мындан Байызбек төрөлөт. Узак оорудан Абдырайым кайтыш болуп, Маниса жесир, Байызбек жетим калат. Байызбек Бухарадагы медресеге орношуп, ал жерден Тагай бийдин баласы Карачоро менен таанышып, достошуп калат. Экөө сырдаш болушат.
    Ошол мезгилде Манисага кызыгып, жуучулар көбөйөт. Маниса Каректи чакыртат. Карек Эшен деген диний даражага жетип Эшен Карек деп айтылып калган. Эшен Карекке Маниса болгон ишти айтып, мен сенин тийиштүү жесириңмин. Алды менен өзүңөн өтүнөйүн дедим. Улуксаат берсең тийиштүү бирөөгө баш кошоюн дейт. экөө макулдашып, баш кошуп алышат. Дайырбектен: Сыдык, Ибраим, Жусуп, Шакир (4 бала). Бухарадан баласы Байызбек келгенде, болгон ишти айтканда, уккан кулагына ишенбей ордунан туруп чыгып кетип, Бухарадагы Карачорого барып, баарын айтып бергенде, Карачоро – менин арманым да сеникинен кем эмес, келгениң жакшы болду, сен энеңе таарынып келген экенсиң. Макул болсоң мени менен жүрү деп атасы Тагайды издеп кошо келген Байызбек Тагайга бала болуп саяк жашап калат.
         Күндөрдүн биринде ханзада шумкарын качырып жиберет. Кошоматчы ханга: “Сиздин шумкарды балдар сонорго салып жүрүшөт”, - деп айтат. Хан ошол балдарды ордого алып кел деп буйрук берет. Желдеттер балдарды таппай Сүйүнбекти, Каректи айдап келишет. Хан аларды даргага астырып жиберет. Каректин достору балдарды Чымкентке жеткирип салышат. Бул окуяны Байызбек угуп, издеп таап сүйлөшүп, биздин жолугушканыбызга белги болсун деп беш түп теректи отургузушат. Азыркы Чимкенттеги “Бештерек” деген жер ошондон калган деген уламыш бар.
         Байызбек инилерине чачырап жашабай чогуу туралык, макул десеңер бирге кетелик дейт. анда Садык – мен эл менен аралашып, бала-чакалуу болуп калдым. Ушул элде калайынчы дейт. Ибраим – Чоңбагыш уруусуна аралашып жашайын деймин. Жакында ошол уруудан бир кызга үйлөнөм. Сыдык абам менен бирге турайын дейт. андай болсо Шакирди бергиле, көрүп көөнүм ток жүрсүн дейт. булар коштошуп Байызбек менен Шакирди жөнөтүшөт. Экөө кеткенден кийин Жусуп Шакирди эмнеге бердиңер деп Сыдык менен чырлашып кетип, ачуусуна чыдабай Байызбек менен Шакирдин артынан жөнөп жетпей калып, Таластын кушчу уруусуна туруп калат. Андан тарагандар катаган, азыр жедигер уруубуз деп жашап турушат. Шакирдин өңү сары, көзү көк болгондон эли чекир молдо деп атап калышкан.
         Эсенгулдун 1-аялы Торукеден – Шергазы, бир кыз төрөлгөн. Шергазыдан тарагандарды Торуке уругу деп айтылат. Күндөрдүн биринде Эсенгул аялы менен урушуп, Торукени уруп коёт. Торуке ыйлап арыктагы сууга бетин жууп олтурса, кызы артынан барып: “Апа” деп кучактаса энеси чочуп кетип, энеси экөө сууга түшүп кетип агып өлүптүр.
         Ошонун себебинен баласы Шергазы атасы Эсенгулга көп кордук көрсөтүптүр деп айтылат. Торуке уруусунун башы Даадый болгон дейт. бул уруудан эл башкарганы да болуптур. Эсенгулдун иниси Мажик каза болот. Анын аялы Коңур түзүк болгондон, аны колдон кетирбес үчүн Торуке кайниси – Медетти таякелерине жиберип, Коңурду Эсенгулга нике кыйдырган экен. Андан 3 балалуу болуптур. Небереси Ормотой чоң комузчу болгон. Илгери кытайларга колго түшүп калып, комуз чертип жатып кутулуп келген дешет. Солтоной учурунда баатыр болуп, калмактар менен болгон согушта Коконор аттуу кызды олжого алып келип, өзү үйлөнүптүр. 4 баласы бар деп айтылат.
         Майрыкенин 3-уулу Медет агасы Эсенгулга таарынып, Ысык-Көлдөгү таякелерине кетип калат. Ошол жактан үйлөнөт. өзүнөнбү же баласынын баласыбы Элебес деген 1929-жылы өз элине көчүрүп келген экен. 6 баласы бар. Эралы баатыр болгон. Кадимки Ормонду байлап келип орго салган. Ошол ор азыркы күндө Чоң-Дөбөнүн ортосунда чуңкур болуп калган. Беш-Терек айылынын түндүк жагында Байболот дегенжерде. Баласы – Түлөке да баатыр болгон. Бул Кокон хандыгынын Кабыл алуусунда саяк уруусунун жоокерлерине башчылык кылсын деп “Баатыр башы” деген чин берген (Түлөкеге) .
    Качыкеден тарагандар Эпкин айылында жашайт. Камчыбек Мажик уруусунан болот. Көлбайдын үйүнө кут түшкөн экен. Кутту ак калпактын ичине кебезге ороп салып койгонун көрдүм. “Кут сымаптай болуп, бирде саргыч, бирде ак түстө болуп кубулуп турчу”, - деп айтаар эле Күлбүбү энебиз. Көлбайдын Курманкожого турмушка чыккан кызына барыш үчүн кешик, сыйлуу тамагы эжигей болгон.
         Энебиз келиндерди чогултуп, койлорду саадырып, сүтүн казанга куйганда бөксө болуп калат. Энебиз кейийт, анда атабыз Көлбай: “Кейибе байбиче”, - дегенче түндүктөн казанга шаркырап сүт куюлуп казан толот. Эжигейди таң атканча бышырып, эртеси куржунга салып кызына алып кетет. Ошондон кийин атанын малы азайып, куттун өңү бозоруп жүрүп отуруп кумга айланып жок болот. Энебиз үй-бүлөсү менен кейиште болуп, түндүктөн куюлган сүттүн эжигейин кызга алып барбай, өзүбүз эле бала-бакыра менен жесек болмок экен деп арман кылчу энем дейт.
         Эскертүү: Куртканын үч баласын үч куртка деп аталыштын себеби – булардын тукуму жер бөлүштүргөндө Соң-Көлдөн Нарын өрөөнүнө (Ак-Талаага) түшкөн ашуунун өңүрүндө күн чыгыш, ортолук, күн батыш өрөөнүндө отурукташып жашашкан. Ошондуктан бул өрөөндүн (жердин) аты үч-Куртка деп аталып калган (Кудайберди, Аккабак, Ыман – үчөөнүн атынан) .
          “Челекте” жашап, уруу бирдигинен ажырап калган. Ормон-Балбай урушунда саяк эли экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Ормонго, бир бөлүгү Балбайга кошулган. Нурдөөлөт баатырды ээрчигени Балбай тарабында болуп, Төрөгелдинин белин ийди. Аталаш тууган сыяк Алыбек баатырдын өлүмү кунсуз калды. Ормон Балбайдан, Балбай Орустан өлгөндөн кийин Белек Саякка Нурдөөлөт болуш болду. Ал кезде казак, кыргыз Жети-Суу эли бир ойозго, Алма-Атага баш ийишчү.
    Нурдөөлөт болуштук мандатын алып, элге кайтканда Белек, саяк тың-мыктылары Нурдөөлөттүн артынан ээрчиди. Ал үн-сөз жок жүрүп олтуруп Кичи-өрүктүгө келип жетти. өңөрө келген найзасын ошол жердеги Калмак дөбөнүн чокусуна матыра сайып, курун чечип найзага байлап, элге кайрылып жер чеги ушул куу найзанын доору бүттү. Итче кабышып, карышкырча кармашып жүрүп чарчадык. Мындан быягы Күрмөнтү, Ой-Тал, Түп, Кара-Талаа, Жыргалаң, Талды-Суу, Каркырага чейин Белек ата сенин жериң. Быягы – өрүктү, Таштак, Кичи-Ак-суу, Чоң-Ак-Суу, Корумду, Долоноту, Кой-Суу, Чок-Тал, Тору-Айгыр, Сары-Камышка чейин Саяк ата сенин жериң деди. Азыркы Түп району менен Ысык-Көл райондун чек арасы ошол. Нурдөөлөт баатырдын сайган найзасы сайылган күндөн тартып ушул күнгө чейин күчүндө.
         Схема 143. Стр.237

         Схема 144. Стр.238

         Схема 145. Стр.239

         Схема 146. Стр.240

         Схема 147. Стр.241

         Схема 148. Стр.242

         Схема 149. Стр.243

         Схема 150. Стр.244

         Схема 151. Стр.245

         Майрыкенин 3-уулу Медет агасы Эсенгулга таарынып Ысык-Көлдөгү таякелерине кетип калат. Ошол жерде жашап, үйлөнөт. Медеттин баласыбы же баласынын баласыбы – Элебес деген 1929-жылы Ысык-Көлдөн көчүп айылына келген экен. Ошол

         Схема 152. Стр.246

         САДЫР АКЕНИН ТЕКЕСТЕН КЕЛИШИ                                                  (түзүмгө)
         Нурдөөлөт 1856-жылы Бурулчага үйлөндү (жашы 50дөн ашып калган кезинде), улуу аялынан: Калкан, Алжан, Кулубай, Карабай. Нурдөөлөт болуш болгон кезде Белек, Саяк эли 18 старчын болгон. Бурулча Текесте боз үйдүн жыгачын жасай турган уста туугандарыңыз бар экен. Кичине болсо да боз үй басатып бериңиз. Күнгөй, тескейдеги колунда бар туугандардан жүн, ж.б. үйгө керектүүлөрдү жыйнасак, боз үй жасап алсак дептир. 18 старчын элден 30дай боз үй көчүп келип, Бурулчага коңшу конуп, боз үй жасоого киришкен. Текестен 12 канат боз үйдүн толук жыгачы-жабуусу жүктөлгөн көч келди. Көч башчысы – Садыр, төө жетелегени устанын балдары Олжобай, Койлубай.
    Токтолуп калган Садыр дөңдө олтурган Нурдөөлөттүн тобуна барып салабаттуу учурашты. Нурдөөлөт Садырдын кийимине, турган турпатына көз жүгүртүп, Текестеги туугандан кабар алып: “Садыр иним, Кожояр атанын балдары канча түтүнсүңөр?” - деп сурады. “160тан ашабыз”. “Силерде каттоо жүрдүбү?” – “Жок. Аны кантип билдиңиз?”-“Силердин элди орус каттап деген кабарды уктук. Ошондон улам чыгым эсеби үчүн санын алганбыз. Элге келүүгө оюңар барбы?”-“Бар”. Садыр он күнчө айылда болду. Бул арада жүрүмү, мүнөзү эл ичинде байкалды. Бир күнү Нурдөөлөт жанына алып: “Элдин жерин өзүңө кайра алып бербесе, сенден кийинки Шыкмамат тукуму бизге ыраазы болбос. Каба атанын сөөгү, Чолпон-Ата мазарында Долонотуда” .
         Олжобай-Чоңчарык туугандар-Тамга, Чыракта, Кенжебай, Бөлөкбай, Чиркей. Туугандары Шалбаада. Калган Мамбет, Кулча айылы бай Текестеги жетим-жесир, кедей элди Көлгө көчүрүү оңой эместигин Садыр байкады. Нурдөөлөттүн сырын толук билген Садырдын тукумунан тыңыраагы Сарыча, Кашкороо инисин ээрчитип, эл арасынан Аян, Чорбон, Эгемберди, Шадыкан, Шамен ж.б. теңтуштарын таап, алар менен кеңешип, убада бекигенден кийин Садырды колго чакырган киши барган. Алыс жолго минээр аттын шарты болбогондуктан ошол чакырууга барган жигиттин атын минип Караколго келген (Садыр Текестен жайдак келип болуш болгон-деген сөз ошондон калган). Садыр Караколдогу топ ичинен Солтону, Олжобай, Буланды кездештирди.
    өзүн тизмеге каттап, болуштукка көрсөтүлгөндүгүн алардан укту. Ыгын таап оезго кирип, таржымалын жаздырды. Оез Бурулчадан уккан эмки шайлай турган болушубуз менен 200 түтүн эл көчүп келет деген кабарды эске алып: “Силер качан келесиңер? Канча түтүн деп сураганда 200 түтүн эл келебиз”, - деп так, ачык жооп берип, оездон чыгып – Садыр, Солто, Булан баш болгон 20-30 киши менен түн боюнча Нурдөөлөткө өкүрүп түшкөн. Салт боюнча эртеси топурак салып, коюлгандан кийин эл менен кеңешип жана он чакты жигит алып Текестеги элди көчүрүп келүүгө кеткен. Күз мезгили, күн суук түшүп калган мезгил. Садыр Текеске барып, элди чакырып, биз мындан ары ынтымакта бирге жашабасак, замандын түрү башка болуп баратат. Кийин балдардын убалына калабыз. Ушул баштан Көлгө кайталы деп элге сунуш кылды. Бул сунушун кабыл алып, көчүүгө макул болушту. Эл көчүүгө камынды. Бул аралыкта Садыр жанына Эгембердини, Ысмайылды алып, таякелерине барып, көчүп жетип алып кайра берүүгө 20 төө, 10 аттын күчүн сурап алып кембагалдарга бөлүп берди.
    Күзгү суукка карабастан бүт эл көчө баштады. “Жол азабы, көр азабы” деген жаңы башталды. Иле дарыясынын жээгине келди. Муз тоңбосо да суунун үстү тоңо баштады. Эртеңки суунун тартылышы менен көч жайык кетүүчүдөн өтө баштады. Суу болгон кийимди ат үстүнөн кургатууга аргасыз болушту. Көч жана мал бүт кечип өткөндөн кийин Садыр, Эгемберди, Буланды ээрчитип, көчтүн алдына жөнөдү. Көчтүн алды Каркыра, Санташка жеткенде Садыр элдин эмки конушун ирээттеш үчүн Көлгө жөнөдү. Малынын санына жараша Кезсенир, Кумбел, Долон оту, Сасык булак кыштоолорун бөлүштүрдү. Эл жайланышкандан кийин Нурдөөлөттүн арбагына деп ар бир ата уулунан бирден жылкы азага жөнөттү, артынан 300дөй киши Нурдөөлөттү жоктоп Калкандын айылына барышты. Көп күн өтпөй шайлоо аземи башталды. Кар оор жаагандыктан шайлоону тез өткөрүп бүтүүгө таш салуучу ыстарчындарды тез тизмеге алып, колун койдуруп, кат билбегендин бармагын бастырып, колуна коргоол берип оез олтурган үйдө шайлоо башталды. Бүткөндө улуктар тышка чыгышты. Тилмеч даярдалган токтомдун бетине таштын санын жазып, өкүм окулду. Оез ордунан туруп, алдына келген Садырдын колуна “Күнгөй Ак-Суу” болушу деген орусча, араб жазуусу бар мөөр тапшырды. Улуктун алдында Садырдын элге айткан сөзү: “Кагылайын элим! Жаначыры бар, жакшылык пайдасы тиет деп мага чоң ишеним көрсөттүңөр. Мунуңарга чоң ыраазычылыгымды билдирем.
    өзүм үчүн да, элим үчүн да чындык, акыйкат, калыстык – баардыгын сиздерден үйрөнүүгө тийишмин. Бул заман этеги төшөк, жеңин жаздык кылып, уйкусун азайткан кишинин заманы. Элдин байлыгы жерде. Элибиздин эмки жолу эмгекте. Тагдырыңарга ортоктошмун. Мен жаш эмесмин. Менден эмне күтсөңөр, кеп-кеңешиңерде дайым биргемин”, - деп алакан жайды. Эл да алаканын жайып Садырга узак өмүр, ден-соолук тилеп батасын беришти.
         Каракол Оезунун Менмурат Зарыпбектин эркекче өстүргөн кызы күйөөгө качып кеткен. Сураштырганда кызды ала качкан жигит Кожоярдык жетим бала Зарыпбекке жээн болгон. Ал Зарыпбектин үйүнө келип-кетип жүрүп, таежесине үйлөнмөк болот. Алыбай уулу Муратаалыбай мурун кудалашып, калыңын төлөп коёт. Кыз бойго жетип, кудалашканга берүүгө кам көрүп жатканда Кожоярлык бала ала качып кеткен. Кызды алакачкан ким экенин билиш үчүн Зарыпбек Кожоярдын айылына Садыр акеге киши келет. Садыр аке элден сураштырса, Зарыпбектин кызы Кожояр атадан тараган Эсенбайдын Ормотой, Табылды байдын тондуу уулу Жамангулдан (Каратамандан тараган Түлөгабылдынын уулу Орозбак ала качканы аныкталды). Орозбак ата энеден эрте ажырап, эки иниси Орозбай, Мамбетти багып, ата кесибин улантып дыйканчылык менен жашагандыгы аныкталды.      Садыр аке Зарыпбектин алдына Чормонду жуучуга жиберет.
    Султандык даражалуу Зарыпбек жуучуга баргандарды кабыл албай, ишиңер Оез аркылуу чечилет деп чырттан узатат. Алдына баргандар бозала болуп, шагы сынып кайра келгенин Садыр аке ичинен кыжырланып, сыртынан кайдыгер болуп:” Келинден ыраазычылык кат даярдап койгула, кокус Оез келинди чакыртып калса, тартынбай түз айтсын”, - деп Чормонго катуу тапшырган. Көп убакыт өтпөй Оездон Чормон, Садырга чакыруу келет. Садыр Оездун алдына 3-чү келиши. Оез 2-3 жылдын ичинде кыргыздын шартын, бир аз тилин билип калат. “Кана, Саке, Зарыпбек тууганыңдын кызын мал уурдагандай уурдап алыптырсыңар, бул эмнеңер? Кызга мурун кудалашып, калың төлөгөн кишиден да арыз түштү. Кызды ала качкан жигит жетим экен. Бирок сиздин жакын тууган экен. Арызданган эки тарапка каалаганын төлөп бересизби же баланы Сибирге айдаталыбы?” .
    Оез акыл салып мени сынап турабы деп Садыр ичинен ойлоп тике карап туруп: “Орустан кызын күйөөгө бергенде калың алабы же жокпу (кандай)?”. Оез ойлонуп: ”Орустарда кызды сатуу болбойт. Бизде кыздар себи менен чыгат. Себи жок кызды күйөө албайт”, - деди. “Андай болсо бизден калың доолабай, кызынын себин берсин Султаныңыз. Экинчиси, сиз азыр бизди күнөөлөгөндү коё туруп, тиги кудалашып калың төлөгөн Муратаалыны, кызын мал катары саткан Султанды айыптасаңыз орус элинин салтын, мыйзамын колдонсоңуз. Муну кандай дейсиз, ойлоп көрүңүзчү. Малча соодалашкан кыргыздын түркөйлүгүн орустун мыйзамына ылайыктап тартипке келтиришиңиз керек. Кыргыз эли ушуну талап кылат, урматтуу Оез. Ал эми биз тууган экенибизди көрсөтүп, өзү бир тууган таякеси экенин унуткан Султандын ишиби, муну да калыс чечиңиз”. Оез Садырдын адилет сөззүнө кабылды.
         Арадан 3-4 ай өткөндө Зарыпбек кызматынан бошогон кабар угулду. Ушуну менен жээн-таеже экөө тынч жашап калышкан. Садыр акенин тууганы болсо, Орозбак Сыдык уулу Токторбайдын чоң атасы болгон. Садыр Темир айылында 1821-жылы туулган, 1991-жылы 170 жылдыгы өттү.
         Кыргыз элинин санжырасынын таралышы жөнүндө мурда жазылган тарыхый маалыматтар толук болбогондуктан, азыркы айтылгандар, жазылгандар толук (ачык) айтылган эмес, алмашкан, чаташкан жерлери өтө көп.
         Мисалы: Саяк (Байызбек), Азык, Черик, Монолдор, Чертике, Жетиген ж.б. майда уруулардын качан, кайдан пайда болгону толук аныкталбай келе жатат. өзүмдүн жазгандарымда, өзүм жашаган айылдын таралышы так болгону менен айрым ата уруулардын 20-30 жылдан берки төрөлүп, ушул күндө жашагандын аты жазылбай калды. Башка уруулардан тарагандын көбү калды.
         Ошондуктан азыркы жана кийинки муундар үчүн санжыраны айткандар мүмкүн болушунча өзү жашаган айылдагы элдин атын, уруусун терең, кеңири чечип, так жазып, көбүрөөк чыгарылса, каалачуулар пайдаланууга мүмкүндүк болоор эле жана ар ким өзүнүн уруусун улап кетүүгө шарт түзүлөбү деген пикирдемин.

         САДЫР АКЕ                                                  (түзүмгө)
         Кудаш-II-Кожояр-Жолболду-Садыр. 1822-жылы туулган. “Тилинде мөөрү, таөдайында сөөлү, оң жагында бөрү бар” (Эл сөзүнөн). Садыр менен Кыдыр акенин чоң энелери калмактын кызы болгон деген сөздөр айтылат.
          “Тыңшабаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим” – дейт. Анысы кандай, башчысы өлгөн бугу эли жетим болуп отурат. Ошондуктан бүгүн биз хан шайлап алалы деп чогулуп отурабыз, буга кандай дейсиз Балтабайым”, - деп Садыр аке Балтабайга суроолу карады. Ошентип Балтабай хан болуп, Тилекматтын ашы берилиптир 3 жылдан кийин деп эл оозунда айтылат.
         Экинчи айтылышы: Садыр аке Кыдыр аке экөө келип, жогорудагы сөздөрдү Садыр аке айтып, бугу элине кимди хандыкка шайлоо жөнүндө оюңузду айтыңызчы дегенде, сиздер калыс туугансыздар, ким ылайыктуу экенин түшүнүп турасыздар. Ошондуктан сиздер ханды шайлап берсеңер болот дейт Балтабай. Анда Садыр аке: “Эмесе сизди хан шайласак, сиз биздин бир өтүнүчтү аткарасызбы”, - дегенде Балтабай: “өтүнүчтү айтыңызчы, колдон келген иш болсо аткарайын”, - дейт. Анда Садыр аке: “Азыр эмес, кийин учуру келгенде айтаарбыз”, - дептир.
         Ошентип Балтабай хан болуп шайланып, эл тарап кеткенден кийин, өзүлөрү кетээринде: “Эми айтаарыбыз, сиз өлүк менен кармашпай, Тилекматтын ашына уруксаат бериңиз”, - дейт. ошондой кийин ашы берилиптир деген сөз да айтылат.

         3-ЧЕРИК УРУУСУ ЖӨНҮНДӨ БАЯН                                                  (түзүмгө)
         Карача Черик экөө бир тууган болгон. Карача хан болуп иштеп жүрүп өлгөндөн кийин, анын аялын иниси Черик алат. Мындан Назарбай. Жетилгенден кийин буга Жаманак аттуу жалгыз кызды алып берет. Бул эл башкарган баатыр аял болгон. Жаманак наамын атап, ураан чакырып, кол баштап жөнөөчү экен. Назарбайдан: Кудайкул, Кудайберди, Тайчык. Кудайкулдан Бөтөш. Бөтөштөн: Молдо, Куба. Молдодон 7, Кубадан 1-Узун Калпак (Арзыкул), Бакты, Көпчекей, Кызыл тукуму – 4. кызылтукумудан: Каржороду, Байкел деген эки топко бөлүнөт. Арзыкулдун Кошуруй, Тилемчи деген инилери болуптур.
    Кошуруйдун аялы Кашкарды башкарган Кутчу ханы – Кубаттын карындашы экен. Кошуруй жоокерчиликте өлүп, аялы жаш баласы менен жесир калат. 2 жылча отурат. Кайнагасы Арзыкулга барууну намыс көрүп, агасы Кубатхандын үйүнө барат. Бакты 15-16 жашка жеткенде ойноп жүрүп бир бала менен урушат. Ал бала: “Атаң жок асыранды кул”, - дейт. Бакты энесине барып: “Менин атам ким?”, - деп сураганда, ал кишинин атын айта албай: “Аксай жайлоосуна барсаң үлүш болгон жерде узун калпак кийген, ак кементай жамынган, ак боз ат минген, чылбырын мойнуна түрүп алган бир адам бар. Атаң ошол киши”, - деп белгисин айтып, бир жолдошун кошуп ат тондоп жөнөтөөрдө энеси баласынын белине Тилемчинин күмүш кемерин курчап берип жөнөтөт.
         Алар Аксайга келгенден кийин бир той берген жерге келсе, энеси айткандай киши келет. Ошол киши менен бирге табакташ болуп олтурганда үй ээси: “Балдар, силер Арзыкул бийге эт туурап бергиле”, - дейт. Балдар тыш кийимдерин чечип жеңилденип, эт туурай башташат. Арзыкулдун көзү баланын белиндеги күмүш кемерге түшөт. Баланы кайра-кайра карап отуруп тааныйт да, эт жеп бүтөөрү менен туруп, баланы кучактап, болгон окуяны түшүндүрөт. Бала да издеп келгенин айтат. Экөө ата-бала болуп калганда Кубатхан намызданып Арзыкул бийди Кашкарга айдатып барып, казынын алдына түшүрөт. Казылар: “Бала сеники болсо, жан берип ал”, - деп касамга буйрат.
         Айласы кетип Арзыкул жан берип, баланы алып барса, байбичеси: “Намыс деп жан берип койдуң. Сенин тукумуң аз болот, бата балага кетти. Баланын тукуму көп болот”, - деген экен. Айткандай Черик уруусунун көбү баладан. Токтобайдан Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек – 4. Булар Токтобайдын төрт кашкасы деп аталган. Ажыбек өлгөндөн кийин ордуна Турдубек калган. Черик элинин 70%ы Кашкарда. Калгандары ар кайсы жерде жашайт.

         3-ЧЕРИК УРУУСУНУН ТАРАЛЫШЫ                                                  (түзүмгө)
         Черик уруусунун кыргыз же башка уруудан экени санжырада так айтылбайт. Карачоро кезигип кошо ээрчип келип Тагайбийге бала болгондон кийин жетилип, үйлөнүп балалуу болгондон беркиси айтылып калган.

         Схема 153. Стр.254

         Схема 154. Стр.255

         АЖЫБЕК БААТЫРДЫН ӨЛҮМҮ, АШЫ                                                  (түзүмгө)
         Жылдардын биринде боз кыроо мезгилде ашка келип табак тартылып, эт желгенден кийин бир киши колундагы далыны айнек менен карап жатканда, төркү табактагы бакшы Артык көрүп: “Иним, далыны тез отко салчы”, - деп, өзү талып жатып калат. Эс алгандан кийин эл: “Олуям, эмне көрдүңүз?” – деп сураганда Артык: “Ушул быйыл какшаал башынан кара сел өтүп, көп кишилер сел менен кошо кетти. Ажыбек баатыр да кетти. Мен да кетем го”, - дептир. Айткандай ошол жылы кышында эл тумоолу, кара чычкак оорусу көп болуп, кыйла кишилер, Артык бакшы да өлгөн экен. Ажыбек да ооруп жатып калат. “Мен кылычтан же найзадан өлбөй ушул кемпир өлүгү кара чычкактан өлөмбү?” – дептир.
         Сарбагыш Ормон менен дос экен. Бир кашык канын сурасам бербей бугулар өлтүрүп койду. Менин ашыма оң-солду чакыргыла. Бугуну чакырбагыла дептир.
         Ажыбек 1856-жылы өлүптүр. Кийинки жылы Аксайдын Тармал-Саз деген жеринде ашын берет. Оң-солду чакырат, бугуну чакырбайт. Ажыбектин ордуна Турдубекти шайлап, ашты башкартат (инисинин өңү көрксүз), баласы Абдыраман сулуу болгондуктан жардамдашып башкарып ашты өткөргөн. Эл тарап кеткенден кийин Чериктер кайра өз ордуна көчүшөт.
         Ич күптү Бөрүбай чалгынчы жиберип, элдин аркасында калган көчтөн Тешик чапта 12 үйлүү кишини алдап кетет. “Боз кыроо болгондо бугу Боромбай какшаал ылдый чабат экен” деген сөз чыгат. Муну Турдуке угуп, Черик элин жыйып кеңешип Боромбайга элчиликке Атамбекти жиберүүгө макулдашып, Чоң-Карачка барып элчиликке келгениңди билдирип, бир көөкөр, бир чочпараны жыртыш деп берип, ошол киши аркылуу Боромбайга көрүш. Анда зили черик Тилекмат деген бар, аны менен сүйлөшүп, бир чочпараны ага бергин. Кепке жараша кеп айт дешет.
         Конокбайды кошуп элчиликке жиберишет. Булар беделди ашканда кар жаап, бир жөө кишинин изин көрөт. Анын аркасынан бир топ бөрүнүн изин көрөт. Булар ылдамдап бастырып, жолдун боюнча бирден бөрү өлүп отурат. Жете келсе жөө жигит аларды көрүп эсинен кетет. Калча, Конокбай от жагып, бала эс алганда сураса – Жамансуудан чыктым эле. Көлдө эжеме бараткам, атым баспай жолдо калды. Ыргай таяк менен жыга чаап жүрүп олтурдум дейт. Баланы тамактандырып, бөрүлөрдү сойдуруп, терисин үңкүргө коюшат. Бала: “Уругум Бөкөй, кимибиз келсек, 4 терини ошонубуз алалы”, - дейт. Булар бала менен коштошот.
         Көлдүн боюнча жакын барганда көпчүлүк жыйналган жер көрөт, бир киши чаап келип кайдан келе жатасыңар дейт. Келген киши: “Бул жерде бир бай өлдү эле, жанасасын окууга молдо табылбай силерди көрүп келдим эле”, - дейт. Атамбек өлгөн байдын жаназасын окуп берип, ээр токумдуу бир ат алып коштоп кетет. Жолдон бир топ кишиге жолугат. Алар менен учурашып Атамбек: “Тилекмат баатыр аманбы?” – деп абалды айтат. Тилекмат: “Балам тил алсаң барба, баарыбыз бир черикбиз. Бөөдө өлүп каласың, ачуусу жаман”, - дейт.
    Атамбек: “Элчиге өлүм жок барамын, өлтүрсө мендей чериктин эмнеси кемимек эле”, - деп жүрүп кетет. Сураштырып Карачты табат. Конок болуп отуруп кеп баштайт. “Боромбай каарына келип, черикти чабам деп жыйналыш өткөрдү. Каары катуу, тил алсаң кайра кет”, - дейт. эртең менен чайдан кийин Атамбек бир көөкөр арак, бир чочпараны Ажыбектин жыртышы деп Чоң Карачтын алдына коюп: “Эми баштап барсаң”, - дейт.
    Карач баштап Боромбайдын үйүнө жакын барганда: “Силер туруп тургула, мен барып байкап, кабар берейин”, - деп кетет. Кабар берип, Атамбек барса эки бээ союлуп, төрдө Боромбай олтурган экен. Салам айтып, колдон алып көрүштү. Боромбай карап, сураптыр: “Сен кимсиң”, - деп. Атамбек: “Мен чериктен келген элчимин, атым Атамбек”, - деди Боромбай ачууланып: “Атаңдын оозуна урайын, кул черик бүлдүрө чабамын. Эчкинин этин жебей, кесир кылат дечү эле, эми чериктин оозуна иттин этин тыгып, эчкинин эт эмес коргонуна зар кылбасам”, - дейт. Атамбек Боромбайдын колун коё берип, маңдайына чөк түшүп отура калып: “Баатыр, комузчулар чертчү эле Коңкошбайдын коңур күү, коңур ала сонун күү” деп.
    Ошол Коңкошбай өлгөндө балдары аш беребиз деп үч эли бээни кабакка сүйрөп санын, анын өйдөкүнү союп берген экен. Майга тойгон эл “май аш” деп атаган экен. Ошол ашка Боогачы келген экен. Алдаш көрүп эт тартып жүргөн кишиге: “Боогачыга эт алып келгиле” десе, эт албаптыр дейт. эмесе менмин, алдымдагы калган этти бергиле”, - дейт. бирөө ала коюп сунганда, Боогачы: “Жетим балага берүүчү этиңди итим да жебейт”, - деп, камчысы менен табакты кагып жибергенде эт Алдаштын башынан алыс кеткенде, Боогачынын ити эттин аркасынан Алдаштын башынан аттап, этти жеп кеткен экен.
    Ошондо жүз киши менен жүргөн атаңыз жалгыз Боогачыга иттин этин жегизе аблаган экен. Азыр чериктин түтүнү 2000ге жетип калды”, - дегенде Боромбай: “Ой кул черик, Ажыбегиң бар эле, эми ким калды теңата болгондой?”, - дегенде Атамбек: “Ырас, Ажыбек өлдү, бирок атаң өлсө тайлак бар, кому жерде калган жок. Ажыбек өлсө балдары: Абыл, Асан, Абдыраман, инилери Турдуке, Арыстанбек бар”, - дейт. анда Боромбай: “Тоонун ар жагында силер, бери жагында биз элек. Тоодой Ажыбек өлсө жаназасына чакырбайсыңар”, - дегенде Атамбек: “үйдөгүнүн кебин талаадагы сыйлабайт, өлгөндүн сөзүн тирүү сыйлабайт кылбайлы”, - деп баатырдын сөзүн сыйлап сизди чакырбадык. Анткени өлөөрдө: “Ормон кан менен дос жана теңтуш элем.
         Боромбай Ормонду колго түшүргөндө бир кашык канын сурасам бербей өлтүрүп таштаган. Эми бугуну чакырбагын”, - деп өлгөн. Ошол үчүн жаназасына, ашына чакырбадык, ага таарынбаңыз. Баатырдын жыртышы мына”, - деп 2 көөкөр аракты алдына койгон экен. Боромбай: “Олдо чунак Балбай ай. Качан болсо кесепетиң тиет, Ажыбек мага таарынып өлгөн турбайбы. Ажыбай киши жибергени ырас, ал киши келгенче Ормонду өлтүрүп коюптур. Тирүү болсо берет элем, кап мага да ажал жакын го. Баатырым мага таарынып өлгөн экен го деп өкүргөндөн кийин курап окуп, бата кылган соң жамбыны, аракты алып жигиттерине бериптир.
         Боромбай Атамбектен эмнеси болосуң дегенде – Ажыбек менен тууганбыз, Байчубактын Мамажан чечендин иниси Бабанын уулумун дейт.
    Cен куйма кулак көрүнөсүң дегенде, Атамбек кыргыздан сынчы, олуя, сансыз атаңыз Алдашты “Мындан меш туулат, андан ары өөкбарака туулат. Бул сакалы жок муруттуу, төгөрөктү курутту” деген экен. Ошол өзүңүз эмеспи дегенде Боромбайдын бир жак муруту кыйшайган экен. Андан кийин Сарбагыш Болот бийди сынап: “Сен кыбыланы карап туруп сийипсиң, сийдигиң 8 коктуну өрдөп кетти, сегизи сегиз сууга баш болуп, ичинен жалдуу барак чыгат. Жалдуу баракты өөк барак чалып салбадыбы, деп санын чаап кейиген экен.
         Баатыр ошол көк барак өзүңүз, жалдуу барак Ормон эле” – дегенде Боромбайдын экинчи муруту кыйшайыптыр. Андан кийин Черик баатыр Карагулду карап: “Атаганат ай, бул жамандын көкүрөгүнүн боктугун кара, көчүгүнүн алтындыгын кара. Мындан эгиз кыраан эки уул чыгат. Эки шер удаа, бирөө мурда, бирөө кийин чыгат. Ак көрпө жайыл атагы журтка дайын чыгат. Наамы Букар чыгат. Мунун тукумунан чөөдөй сары чыгат. Жеңдей кара, чап жаактуу, келте тумшук боз балдар чыгат”, - деген экен.
         Бул сынчынын айтканы: эгиз кыраан эки уул – Ногой, Кончой. Эки шери – Тоймой, Ажыбек. Аккөрпө жайылы – Ажыбек. Кызыл меши – Абдыракман. Чөөдөй сарысы – Турдуке, жеңдей карасы – Суранчы, чап жаактуу жабалай – Мамбет, Осмон, өмүрбек, Кутуке, Найман, өмүражы, келте тумшук боз балдары кийин чыгаар дептир Атамбек. 5-6 күндөн кийин Атамбек биз кайталы дегенде, Боромбай: “Кар түшүп калды. Балдар кыйналат го. Жазында 12 үйлүү кишиңерди көчүрүп жиберем, бул атты Абдыракманга бергин, баатырды аза бата кылганым. Бул Тейтилланы Турдукеге бергин, башын куттуктаганым”, - деп: “Келер мени менен достошуп, кудалашып кетсин”, - деп Атамбекти жөнөттү.
    Кеткенден кийин Боромбай элин чогултуп: “Журт бир черик элин чабабыз” деп жаттык эле. Эми чабышты коё туралы. “Кызыр кайда экенин мен көрдүм” – кызыр чериктин шыргыйдай кара баласы Атамбекти кош колдоп суулуктап алыптыр. Мен керекке жарайт деп бир канча балбанды баккан экенмин. Буларды баккычакты бука баксамчы. Себеби черик Атамбек мени “катын бугу” деп сөөмөйүн көзүнө текшеп жатканда жерге кирип же өлүп кете албадым.
         Мен кишиден сынбас элем. Ушул чериктин кишисинен үч сындым. Быйыл жазга жетпей өлөм го, же бир нерсе көрөм го? Мунун уу сөздөрү мага айтылып жатканда, балбандар анын башын ыргыта чаап салбадыңар, чечендер бир ооз сөз кайтарган жоксуңар. үйдө баатыр чечен, жоодо жок болдуңар. Черик элин чаппайбыз. Алар жазында келет. Дос болуп, кудалашып кыз берип, 12 үйлүү кишисин малы менен берип узатабыз деп, элин таратат.
         Айткандай жазында черикти көчүрүп жиберген экен. Ошол жылы 1858-жылы Боромбай өлөт. Кийин Боромбайдын Алтын деген кызын черик Турдукеге берген экен.

         1) Койлондон.
    2) Жедигер уруусу

         Бул Жедигер уруусун ичкиликтен тараган Жедигер менен чаташтырууга болбойт. Койлондон тараган Жедигер уруусу мурда түндүк тарапта Токмоктун тегерегинде Солто эли менен жамаатташ турган. Санжырачылардын айтканына караганда Саяк Каабанын күлүк кара атын калмактар уурдатып алат. Ал ат андан качып келе жатканда жолдон жедигер Мөнкө кармап алат. Кооз кийинип күлүк ат мингенди жакшы көргөн Жедигер күлүк кара атты кулпунтуп минип жүрөт, кооз кийинип жүргөндүктөн Жедигер “кооз Жедигер" аталып кетет.
    Бир чоң тойдо Каба жоготкон күлүк кара атын жедигер Мөнкө минип жүргөнүн көрүп, ат меники, бергин дейт. жедигер Мөнкө мен сенден алган жокмун, калмактардан алдым, жеткен жеринен ал дейт. Каба Жедигердин агалары Солтого барат. Солто жедигер Мөнкөнү чакыртып, өз ара чатакташпайлы, атын бер деп алып бери коёт. Жедигер ага таарынып Арсланбап тарапка көчүп кетет. Чүй өрөөнүндө 1 ата Жедигер тукуму калат (ушундан “Кабанын атын кармаба” деген лакап айтылып калган) .
         3) Жедигерден: Орузбай, Асан, үсөн, Мөнкө уруктары таралат. Булар Базар-Коргон, Ленин районунда, Арсланбаб, Майлысай, Таш-Көмүрдө жашап турушат. Асандан: Мамбет Арсланбапты бийлеп турган калмак каны Бакаманжы, Онтаажы, Мамбетти колго түшүрүп өлтүрмөк болот. Мелдешип жаа тартабыз деп 5 кетменди катар коюп аттырат. Атканда жебе 5 кетменди тешип кетет. Калмактын каны 7 кетменди теше атат. Мамбеттин иниси Таскара 9 кетменди теше атат. Ошондо калмактар кыргыздар бизден күчтүү экен деп көчүп кетет. Ал жерди Мамбет ээлеп калган дейт. Мамбет өзү чоң балбан болгон, ошондон чоң Мамбет аталып кеткен.
         4) Орозбайдан: Атабек, Чабыл, Кейчимаалы, Майчы.
         5) Асандан: Мамбет, Таскара, Аккозу.
         6) Мөнкөдөн: Кулболду, Карадөң, Кулжабаш, Кулжыгач.
         Карадөңдөн: Кочкор, мындан Кудаке, андан Атайар, андан Басыл, мындан Бактыбай, мындан Тойболду. Мындан Кайназар, андан Молдоаалы, андан Тураалы. Булардын бирден атасы гана айтылды. Олжобай менен Кишимжан эпосуна карата. Кулжыгачтын Кишижан деген кызын Тору-Айгырда туулган, Кыпчак уруусунан Солтобайдын уулу Олжобай алат. Ошол учурда Кулжыгачтын аялы Кишимжанды төрөйт. Экөө тең чоңоюп, бир жүрүшөт. Кулжыгач Кишимжанды 3 багыш уруусунан Байназарга кудалашып, көп калың алат. Байназардын ырайы суук, мурду бучук экен. Кишимжан аны чанып, Олжобай менен качып кетет. Барган жери Чуктерек, кийин Олжобай терек теп алалып калыптыр. Жедигер тукуму көпчүлүгү түштүктө турат. Жаргабайдын түпкү атасы Кулжыгач. Кишимжан менен Олжобайдын канына сапкы болгон Кудаке. Муну жедигер уруусунан Күчүк баласы (Карабай каракчы) Абдракманга айткан (“Жортуул” повестинен) .
         Кошумча: Тагайдан – Богорстон, Койлон, Кылжыр. Богорстондон-Эштек-Солто-Чаа-Талкан. Калмак менен кыргыздын согушунда кыргыздар Анжыян тарапка ооп келген. Талкандын сөөгү Анжыянда калды. Койлондон-Жедигер. Кетмен-Төбөнү жердеп турганда төрөлгөн. Тагай бий балдарына энчи бөлгөндө: Богорстон, Карачоро тукумдарына Чүйдү, Кылжырга – Ысык-Көл, Нарынды, Черикке – Ат-Башы, Кызыл-Сууну, Саякка - Жунган, Кетмен-Т-б-нү, Азыкка – Таласты. Жедигер менен өзү Каракочкордо калат.
         Малын энчилеп бергенде Богорстон тамганы жылкынын санына, Кылжыр – жаагына, Койлон – чекесине, Саяк – сол санына басыптыр. Анда Тагай – Богорстонго жердин соорусу тийип, тукуму көп болот. Кылжырды жери көп чоң эл болоор, Саяктын тукуму сансыз, жери да көп, Койлондун тукуму аз, малы да аз, жери да чектелүү болот деп өз ичинен ырым кылыптыр.
         Айткандай Койлондун тукуму жери аз, ынтымагы да жогураак, улуусуна кичүүсү баш ийбеген, жигиттери сылан-короз, кыздары – сулуу чыгат.
         Жедигерден Орусалы, Асан, үсөн, Мөнкө. Мөнкөнүн 4 баласы болгон. Улуу баласы – Кулболду: Кочкор, Кулжабаш, Кулжыгач. Кулжыгачтын кызы – Кишимжан.
         Кыпчак жээнибиз Олжобай үйлөнгөн. Кочкордон Кудаке. Бул окуя болгондо, 1756-жылга туура келет.
         Атасы Сарыкашка 1728-жылы Карабайды 7 жашында Коконго алып келип, Абдрахим бийдин кенже баласы Шарипбек менен көкүлдөштүрүп (достоштуруп), Ордого калтырган. Карабалта (1728-7=1721-жылы) туулган болот. Карабай каракчы, Абдракман деп да айтылып жүрөт.
         Кылжырдан: Орозбакты, Дөөлөтбакты.
         Дөөлөстөн: 1-аялы – Жезбилек, калмак кызы – Менсеке деп да айтылат – Токо, Жантай. 2-аялы Жезбийкеш (Жийде) Манап , 3-аялы Көкмончок (Элчибек). Таздар – балдары таз болгондуктан “таздар” деп айтылып калган. Элчибек, Чертике, Токодон: Күмүшай деген бир кызы болгон дейт. Казак менен согушта колго түшүрүп алган балдары: Абыла, Сабыр, Чагалдак, Малай (казак элинен келген). Кызы Күмүшай

         Схема 155. Стр.263

         Схема 156. Стр.264

         Чаткалдагы Саруу уруусуна турмушка чыгып, калыңына берген балдар: Озук, Молой, Чечей. Токонун бул балдары-Каракурсак аталган. Токо өлгөндө: “Абыла, Сабыр, Чагалдак атам тапкан кул эле, Озук, Молой, Чечейди өзүм тапкан кул эле, бул алтоо качан атамдын өз уулу эле” деп кошок кошкон дейт кызы. Абыладан: Кожомжар, Түлөөгул, Ботош, Түлөөберди. Чечейден: Тазтөбө, алаторок.
         Тункарын. өзүктөн: Каракурсак. Молойдон: Аккийиз, Чалаказак, Түгөл. Малайдан: Чуулдак. Буларды 7 ата Токо дейт. Чүй элинин ичинде жашайт (Чүй – суу деген сөз дейт). Чертике уруусу Адигине, Тагай бир жортуулда Наалы эженин күлүк атын ээр токум, курал-жарак, кошо ээрчип келген тайганын душмандын колуна түшүрүп жиберип, аттын ордуна бир бала - Конурат, тайгандын ордуна бир бала – Черик, курал-жабдык, ээр токум үчүн – Чертикени бериптир. Чертике аз эл – бостон.
         Жантайдан: Сары. Сарыдан: Бөрүчөк. Андан Айкө (Аюке), Атабай, Таштокум, Токтоку, Кусаке, Илеке. Атабайдын 1-аялынан Кубат, Белек, Акчабу (Казыбек), Мендеке. 2-аялынан Сартай. Мендекеден: Таштокум. Сартайдан-Молдо, Омур, Оогонбай. Кусекеден: Калматай, Акий. Калматайдан: Медеке, Ороке, Кашка, Кенже. Буларды бай Жантай дейт. Акийден: Эшиге, Досой, Дайырбек, Ниязбек, Тыныбек, Оболбек.
    Дайырбектен: Асанбай, Ыбыке, Жакай, Жолбаштаар, Салматай, Мадыгай. Буларды Ынжы беш Калмаакы деп айтышат. Тыныбектен: Ажыкул, Конок – буларды Калмаакы дейт. жантай тукуму Чүй жана Кемин аймагында жашайт. Манаптан: Сүтүкө, Сүтой. Сүтүкөдөн: Кудур. Андан: Жарбан (энесинин ичин жарып алгандыктан атын Жарбанды койгон). Жарбан деген эл бар. Сүтойдон: Сарысейит, Тукур. Сарысейиттен: үчкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене. Тукурдан: Эшим – аз эл, Чоңчарык деген эл бар, көп. Булар Ат-Башыда жашайт. Учукодон: Бердигул, Маматкул, Дөөлөткул. Түлкүдөн: Тынай. Кудаяндан: Тоголок деген эл бар. Кочкор-Атада жашайт. Ходженттин тегерегинде да калып жашагандары бар.
    Маматкулдан: Болот, Темир, Андагул, Көккөз. Дөөлөткулдан: Надырбек, Көбөгөнажы, Аалы, Карамурат, Бердиш. Надырбектен: Бусурман, Нияз. Аалыдан: Аккулак. Көбөгөнажыдан: Айдараалы, Адам, Садыбакас, Тенти, Молдаалы, Алсеит. Бердиштен: Бай, мындан Калыгул (Олуя). Калыгулдан: Чукур, Качкын, Адыл, Кылыч, Омонбай. Омонбайдан: Усупаалы, мындан Турдаакун. Садыбакастан: Жолдошбек. Буларды Дөөлөткул, Надырбек уругу деп айтышат. Кочкор районунда жашайт.
         Калыгул 1785-жылы туулуп, 1855-жылы өлгөн дейт. Бети калдуу болгон үчүн атын Калыгул койгон дейт.

         Эскертүү: жазуучу Асанбек Стамовдун Жайыл баатыр жөнүндөгү очеркте: үчүкөдөн Мамткул 1758-жылы 90 жашта экен (1758-90=1668-жылы) туулган болот. Түлкүнүн аялы солто Жангарачтын кызы болгон дейт. тынайдын энеси кетип жатканда, агаларыңдын балдары Тынайга күн көрсөтпөс. Ошондуктан бала чоңойгончо таякелерине жибер. Чоңойгондо сени өзү таап келет дептир. Атасынын үйүнө барары менен саруудан бирөө келип, аны алып кетиптир. Тынай кордукту көп көргөндүктөн, чыдабай Акер кунан деген атын минип, таятасы Жангарачтын айылына качып барган экен.
    Таякелер, силерден суранарым, менин минип келген атым Темирдин аты. Таякелик кылсаңар ушул атты өмүрүм өткөнчө алдымдан түшүрбөлүгө дейт. таякелери макул болушуп, кер кунан атка солтонун ай тамгасын соорусуна басышты. “Сарбагыштын жамбашына тамга басканда” деген сөз ушундай калыптыр. Кийин атты алабыз деп келип, тамгасын көрүп алган жок. Тынай солтодо жүрүп чоңойгондо, таякеси аял алып берип, үй-жай куруп, Тынайды элине көчүрүп жиберди (кыскача кыргыз санжырасы 1994-жылы басылган китептин 277-278-бетинде ушундай деп айтылган) .
         Болоттун 1-аялы Алтындан: Дайырбек, Айдаке, Таттыкөбөн, Аким, Суреке (Муреке), Саалы. Бул балдарына бирдей кийим кийгизип, окшош күрөң ат мингизип сынчыга сынатканда, сынчы: “буларың беш күрөң” дептир дейт. ошондон “Беш күрөң уулу” деп айтылып калган. Саалыбектен тарагандары Чала Манап Саалыбек уулу деп айтылат, аз эл. Борукчу элинин ичинде турушат. Болот бийге санчы-сынчы кезигип: “Сенин тукум көп болуп, мыктылар, чечендер, баатырлар чыгат. Азыркы аялыңдан туулган балдарың камчы сапка жарабайт. Эми бир аял алгын”, - дейт. анда Болот бий: “Ээ олям, мен карып калдым, мындан ары тукум көрүп, алар эл кураганча качан?” – дейт. “Андай эмес, элиңди жайлоого көчүр, ылайыктуу аял тандап берейин”, - дейт. эртеси эли көчүп, бешимге чейин чубап бүтөт.
    Көчтүн аягында үйүн уйга жүктөп, жетелеп чагалдактын жесири өтөт. Аны көргөн санчы-сынчы: “Биз издеген катын ушу”, - дейт. Болот бий: “Мени шылдың кылба, ушуну ким алсын?” – дейт. санчы-сынчы: “Аялдын өңүнө караба, сага тукум керек”. Биринчи баласы Жатынчайкаар, экинчи баласы Башкойкон элдин баласы болуп атагы чыгат. 3-баласы канжыгалуу карасеңсел чыгат. 4-чүсү ат качырбас боз айгыр болот деп катынды Болотбийге алып берет. Аялдын аты Даалаке таркылдак. Бул кичи аялынан төрөлгөн балдары: Кожомшүкүр, Эсенгул, Ниязбек, Ормон. Эсенгулду жаңы төрөгөн мезгилде айылына жоо келип, эл шашып туштукка көчкөндө бала бешиги менен журтта калат. Жоону жеңип келгенден кийин үйүнө келип баланы сурайт. Бала бешиги менен журтта калды. Азоо бээ бешикти алдырбай койду дешет.
    Болотбийдин ачуусу келип, Темирди эки жигити менен журтка жиберсе, бир марал кетип баратканын көрөт. Бешикти ачып караса, баланын ууртунан сүт агып калыптыр. Баланы бешиги менен алып келип, мал союп түлөө кылат. Балам аман-эсен калды деп атын Эсенгул коёт. Эсенгул эр жеткенден кийин 6 аял алып, 20 балалуу болуптур. Эсенгулдан: Ниязбек, Токтоку, Кубат, Шоорук, Карасарт, Абдраман, Куттуксеит, Базаркул, Назар, Айтпай, Керим, Жетигул. Ниязбектен: 1-аялынан Кожобек, Ырыскулбек, Бердикожо, Бердибек, Субан, Ормон (хан), Ажы, Шатен. 2-аялдан: Стам, Түлкү. Ниязбектин 1-аялынан төрөлгөн 8 баласын “Ниязбектин Сегизбек, телегейи тегизбек” деп айтышкан. 2-аялынан төрөлгөн балдарынын тукумун Чаламанап деп да айтылат.
         Түлкүдөн: Кооман, Тезекбай. Булардан таралгандар борукчу элинин ичинде. Баардык балдарынан таралгандар Соң-Көлдө жашайт. Токтокудан: Улумжу, Солто, Рай. Кубаттан: Кубат уулу деген эл бар. Шооруктан: Дөөлөт, андан Бай, Бузурман, Надырбек. Байдан: Ногой, Шыгай, Калыгулбий. Шыгайдан: Көбөгөнажы, Токтоку, Кубат, Шоорук. Бул 3-нөн таралганды “Борукчу уулу” деген эл бар. Эсенгулдун 8 баласынан тараганды Чаламанап деп айтышат. Карасарт уулу, Абдраман уулу деп айтылат. Бул экөөнүн тукуму.
         Куттуксеиттен: Шамен, мындан Байтерек, мындан Балбак, Бекчоро, Чынгыш. Бекчородон: Алыкан. Жети атадан тараганды 7 ата борукчу эли деп аталат. Кочкордо турушат. Базаркулдан: Ыйса, Садыр. Назардан: Назар уулу таралат. Бул экөөнүн балдарын Отонтай уулу дейт. ниязбектин балдарынан, Ырыскулбектен: Кайдуу, Осмон, Мүсүраалы. Кайдудан: Чоко – Ат-Башыда турат. Субандан: Адыл, Мусаке. Адыл баатыр болуп, киши колдуу болуп өлгөн. Мусакеден: Байгазы, Койгелди. Байгазыдан: Балбай, Капсалан, Эсенкул. Азыр бир болуш эл, Субан эли деп аталып Нарындын ичинде турат.
    Ажыдан: Караажы, Ботокан, Ысакан, Куланбай ажы. Карач ажыдан: Ногойбай, Мамбетжан. Шатенден: Качы, мындан Мамбет, мындан Касымаалы ажы, Шераалы ажы. Касымаалы ажыдан: Айдараалы молдо. Ормондон: үмөтаалы, Чаргын, Сейилкан. үмөтаалыдан: 14 баласы болгон. Ормондун сөөгүн Кара-Буурага жүктөп, кызы Кулан жана Жайчы деген жигит Кочкорго алып барган дейт. эл оозундагы сөздөн: Доолос, Сартаке. Төмөнкү суроолорду Жайчыга бергенде, анын жообу: 1. Сөөгүн эмнеге жүктөдүңөр? Жооп: Буура төөгө жүктөдүк. 2. Төө сөөктү ордунан кандай көтөрүп турду? Жооп: Буура 3 олтуруп ордунан турду дейт. 3. Төө жолдо кандай барды? Жооп: Төө айдатпай тез барды дейт. Анда Сартаке – Аттиң ай, Ормондун сөөгүн Буурага эмес, башка төөгө жүктөсө болмок, себеби бизге кайрылып күн кууп уруш ачат. Бууранын 3 обдулуп турганы, 3 кайталап чабат. Жолдун эки жагындагы чөптү жеп, тез барганы, бизге тез эле уруш баштайт, колдун эки жагын тең деп айткан экен. Айткандай болгон дешет.
         Темирден: Абайылда, Кулуке, Боогачы, Назар, Черикчи. Абайылдадан: Шербото, Нарбото, Төрөгелди (Балбайдын колуна түшкөн), Шадыкан, Бекин, Күндак, Капсалан, Асыл, Пазыл (булар Ботокөз, 1-аялынан). 2-аялынан Шеримбек, Абыке. 3-аялы Субандан: Кыдык. 4-аялы Жараштан төрөлгөн балдардын тукуму – Жараш уулу деп айтылат. Шербото, Нарботодон таралгандары өз-өзүнчө ата урууга бөлүнүп айтылат.
         Төрөгелдиден: Шамыркан, Батыркан, үркүнчү, Карасай, Чоткара Шамыркан: Молдокылыч (акын). Батыркандан: Мамбет, Муратаалы, Эсеналы, Бай. үркүнчүдөн: Отонбай, Кудайберген. Карасайдан: Суранчы. Чоткарадан: Жакып ажы, Абир. Жакып ажыдан таралгандар Жакып уулу деп айтылат. Абирден: Молдонарынкул, Молдонияз. Шадыкандан: Бектенажы. Бектенажыдан: Токтоосун, Алиаскар. Кундактан: Султан, Медет. Медеттен: Ыйманаалы. Султандан: Кадыркул. Шеримбектен: Байгазы, Токо, Жакыпбай. Токодон: Кудайберген. Жакыпбайдан: Жумаалы. Абыкеден: Канат, Касым, Байдаалы. Канаттан: Молдоысак. Сыдыктан: Молдосабит. Кулукеден таралгандар Ак коз уулу аталат.
         1) Молдокылыч 1875-жылы төрөлүп, 1917-жылы 42 жашында Кочкордо өлгөн.
         2) Молдокылыч 1866-жылы Кочкордун Бурун айылында туулган. Жашынан жетим өсөт. 51 жаш жашаган дейт.
         Төрөгелди чоң атасы Ормон хандын кол башчысы болгон дейт.
         Төрөгелди Абайылда уулу (1799-1870-жж.). 1855-ж. Буту сынып, Балбайдын колуна түшүп, бутун Балбай дагы 2 сындырып, 1858-жылы бошогон.
         3) Саяпкер Бектен Садаев, Жайнактын чоң атасы – Бектен 60тан ашканда Садайды көргөн. Бектен – 2 карындашынын биринен төрөлгөн жээни Шергазы (атактуу саяпкер), экинчи карындашынан Төрөгелдинин уулу Батыркандан төрөлгөн – Мамбет. Шергазы экөө бир тууган бөлө болгон. Таятасы Бектен экөөнү багып өстүргөн (экөө тең саяпкер болгон дейт). токтосун Шадыкан уулу менен Мамбет эки ата түшкөн тууган болгон.
         Молдокылыч эл душманы катарында 1936-1937-жылы камалып, ошондон дайынсыз болгон. Кийин акталып, эмгектери басылып чыга баштаган.
         4) Маматкул-Темир-Черикчи-Абайылда. 3-аялдан: Кыдык (Сыдык деп которуп алган). Сыдыктан – Осмонаалы – санжыра жазган.
         Калмак элинин беш баласын багып алган Токо бийлигинин акыркы жылдарында, кыш айларында, жигиттери менен жортуулда жүрүп, казактардан жылкы айдап келе жатып, Иле суусунун үстүнө тоңгон муз жарылып кетип күбүргө түшүп өлүп, иниси Жантай алып келип көмгөндө сарбагыш-солтонун элинен көп келишип көмүшкөн.
         Токо 1740-жылы 80ге барганда кайтыш болгон (1660-жылы туулган болот болжолдо). Токо өлгөндөн кийин, анын бакма (тондуу) балдарынын тукумдарын Ниязбектин балдары: Ормонго-Чагалдакты, Ажыга-өзүк менен Чечейди, Субанга-Молойду, Шатенге-Жетиген менен Крөңдү, Бердикожого-Жарбаңды, Рыскулбекке-Азыкты ж.б.у.с. кылып бөлүштүрүп берген деген эл арасында сөздөр бар.
         Токо жигиттери менен жортуулда жүргөндө, бир суунун ортосундагы аралда бир кыз турганын көрүшөт. Барып кызды алып чыккыла десе, жигиттер суудан коркуп, бирөө да барбай койгондо, Токо өзү сууга түшүп барарда, Чеченалий деген жигит: “Сиз барбаңыз, мен барып алып келейин”, - деп, барып кызды аралдан алып келет. “Эмгегиң бар, бул кызды сен аялдыкка ал”, - дейт Токо. Чеченалий: “Жок, улуулата сиз алыңыз”, - дейт. ошондон кызды токолдукка Токо алат. Байбичеси күң аялга тынчтык бербей кор кылган экен.
         Күндөрдүн биринде байбиче суу жээгинде сууга түшүп, токол кир жууп олтурат. Токол капарсыз олтурган байбичени агып жаткан чоң сууга түртүп жиберген имиш. Байбиче агып кетет. Бул окуяны эч ким көрбөйт. Токол билмексен болуп, жууган кирин үйгө көтөрүп келет. “Байбиче кайда?” – деп Токо сураса: “Билбейм, суунун жанында калды, мени кирди көтөрүп үйгө бара бер деди”, - дейт. Байбичеси кечиккенден Токо барса жок, сууну кыдырып баратса, суунун жээгинде жатат, эмне болду деп сураса: “Жаман токолуң сууга түртүп жиберди, муну өлтүр”, - деп айтканда: “Кой, муну өлтүргөндө эки-үч киши өлөт, анын боюнда бар, андан көрө талак кыламын”, - деп талак кылган экен. Ал токол кийин төрөйт. Төбөсүндө чачы жок болгондон баланын атын Тастөбө деп коёт. Ал баланы Чеченалий багып чоңойтот. Ошондон чечей болуп калыптыр деген уламыш бар.
         Токонун баласы Абыланын бутунун чоңдугунан өтүк, маасы батпай, дайыма териден чарык тартылып жүргөндөн Абыла тукуму “чоң чарык тукуму” деп аталып калыптыр деген да сөз бар.
         Абыланын баласы – Теке бир учурдагы калмактар менен болгон салгылашууда колго түшүп, калмактарга кул болуп, бир топ жылдан кийин акталып, кайра кыргыз эл-жерине келип, үй-жайлуу болот. Баласы болгон эмес. Агасы Кочкор намызданып Текеге Назар деген баланы бала кылып бериптир.
         Токонун Молой баласынын балдары урушуп, чуулдай берүүчү экен. Ошондон Молойдун тукумдарын элдер “чуулдактар” деп атап калыптыр.
         Токонун Чечей баласынан бир баатырдык көрсөткөнү: казактын Кенесары, Норузбай кыргыздын бир тобун кырып, кайра кайтып баратып Кекили деген жерде эс алып жатканда чечейлерден Дайырбек, Калча, Атанбек, Айтак, Шааназар, Назарбек деген 6 бир тууган Кенесарыны капыстан колго түшүрүп, байлап келишкен. Кененсарыны кармагандыгы жөнүндө Карабектин Жантайына сүйүнчүлөп барганда, сүйүнчүсүнө бир байдын Бытый деген кызын Айтакка аялдыкка алып бериптир деп да айтылат.
         Токонун Каракурсак баласынан тукумдары Чүй району Онбир-Жылга айылында жашашат. өзүнчө Кайырма деген бир чоң айыл.
         Токонун Сабыр, Чагалдак балдарынын тукуму аз, көрүнгөн жерде, чачкын. Буларды эл ичинде сабыр, чагалдактын тукумдары деп коюшат.
         Абыланын тукумунан Чоң-Кеминде Ырсалы, Токтомуш, Молдо дегендери бар. Ырсалыдан: үмөт, Шайык. үмөттөн Кадыр. Токтомуштан-Абдрасул (жазуучу-акын) молдодон Абдумусат. Чечей (Чеченалыйдын) уулу Тазтөбөнүн баласы-Меңдибайдын беш уулу болуптур. Булардын жарымы казактын Кайың-Сай деген жерине, жарымы Тажикстандын Жерге-Тал районунда жайгашкан деген сөздөр айтылат.
         Токонун баласы-Чагалдактын тукумунан Нарындын Жаңы-Талап айылында 70 түтүн, Ат-Башынын Кара-Коюн айылында 30. Ак-Талаанын Байгончок айылында – 10 түтүнү бар. Кочкор, Чүй аймагында да бар. Токонун баласы-Чечейдин кашкасынан 50 түтүнчө эли Чүй аймагында жана Малдыбайдын Узакбай тукумдары да жашайт. Нарындын Жерге-Тал айылында 70, Куланак айылында 20, Ат-Башынын Ак-Жар айылында – 20 түтүнчө эл жашайт деген сөздөр бар.

         Схема 157. Стр.273

         Схема 158. Стр.274

         Схема 159. Стр.275

         Схема 160. Стр.276

         Дөөлөсбактынын (Дөөлөс) Жантай малдуу болгон. Жантай – Сары-Бөрүчөктүн уулу Илеке жөнүндө: Бөрүчөк күндөрдүн биринде жигиттери менен жоого чыгып бара жатса, эл конуп кеткен журтту көрүп карап турса, Бөрүчөктүн бетин жаанын огу кайып кетет. Бети канап калат. Бул кайдан атылды деп жигиттерине караса, токойдун арасынан 10-11 жаштагы баланы кармап алышат. Жигиттер жабылып туш-тушту караса, далдада тигилген алачыкта олтурган келинди көрүшөт. Сураштырса жаа аткан баланын энеси экен. Ошол жердеги элди жоо чапканда күйөөсү өлүп, эл качып кетиптир, баласы экөө ошол жерде калыптыр. Бөрүчөк келинди баласы менен айылына алып келет. Кийин өзү үйлөнөт. Баланын атын Илеке деп коёт. Ал, алган аялы төрөгөндө балага Күзөке деп ат коёт. Ошентип энесин ээрчип келген балага Илеке, өзүнөн төрөлгөн балага – Күзөке деп ат коюлган.
         Бөрүчөктүн уулу Атабайдын жээни Жедигер уруусунан өз аты башка болгон. Жээни ат мингенде 5-6 күнгө чейин ээрин албай, жону жоор болуп кетчү экен. Ошондон “Таштокум” деп аталып калган бакма баласы.
         үчүкө, Түлкү Жаңыл мырзадан өлгөндөн кийин бийликти иниси-Кудаян жүргүзүп, бул өлгөндөн кийин Бөрүчөктүн Көзүкесинин уулу Калматай бийлеп турган деген сөздөр бар. Бөрүчөктүн-Аюкенин баласы-Боктубай кошуна байдын коюн кайтарган жетим Бозокор деген баланы өзүнө ини кылып алууну ойлоп, кой жайып жүргөн Бозокорго кезигип, жайын сурап: “Мага ини болосуңбу?” - дейт. Бозокор макул болот. Боктубай: “Кандай белгиң бар?” – десе, Бозокор: “Далымда калым бар. Куйругумда тырык бар”,- деп белгилерин айтып берет. “Анда мен байыңдын үйүнө барып олтуруп, сени тааныгандай болуп, менин жоготкон иниме окшойт сиздин койчуңуз” деп, сени кучактап ыйлап басып калайын.
    Калыстар: “Иниң болсо кандай белгиси бар эле?” – деп сурашат. Ошондо жанагы сен айткан белгилериңди айтам”, - дейт Боктубай. Ошондой болуп Бозокорду алып, үйүнө келип ини кылып багып алат. Ошондон “үйгө кут келди” деген сөз айтылып калат. Бозокор үйлөнүп, эркек балалуу болуп, атын Кутуке деп койгон. Боктубайдан тараган тукумдар Кутуке тукумдары деп айтылып жүрөт.
         Илекенин Аккозу деген баласынан 9 уулу болуптур. Булар казан куйганга уста болушкан. Бир мезгилде жоо чаап, эл качканда Аккозунун балдары да качып баратып, элден бөлүнүп бир айылга токтоп калышат. Кийин эл кайра өз жерине келгендери Аккозунун тукумдарын, токтоп калгандардын тукумдары деп айтып калат. Ушундан эл ичинде “Токтоку тукуму” деп айтылып калган. Булар негизинен Чүй аймагынын Алчалуу, Мичурин, Биримдик айылында, Чоң-Кеминде жайгашкан. 9 уулу болуптур. Алар 34-35-36-сүрөөлөрдө таралышы көрсөтүлгөн (Т.Э. 1-к.67-69-б.) .
         Күзөкеден Акый. Андан Дайырбек. Андан Ынжы, Ыбыке, Жанан, Мадыган, Сеңкилтай. Булар илгери согушта беш бала калмактын колуна түшүп калат. Ынжы чоңоюп калмактын кызына үйлөнөт. Мындан эркек балалуу болот. Атын Дөрбөлжүн (Жолбашта) деп коёт. Кийин беш бир тууган кыргыз жерине кетишке кайсы тарапка кетишин билбей, баласы Дөрбөлжүндү – сен жол башта, биз артыңдан ээрчип басалы дешет. Ошентип жол жүрүп Чоң-Кеминге келишет. Ошол баланын биринчи жол баштап келгенине байланыштуу кийин баланын атын Жолбашта деп айтып калган деген сөз бар.
         Төрт бир туугандар кыргызга үйлөнүп балалуу болуптур. Дайырбектин тукумдарын калмактан качып келип, Чоң-Кеминде жашап тургандыктан эл ичинде “Беш калмак” деп айтылып калган. Негизинен Чоң-Кеминдин Кара-Дөбө деген айылында турушат. Күзөкенин бир кызы түштүккө турмушка чыгат. Күйөө баласы – кырк жигит күткөн жоокер киши экен. Күзөкөнүн Калматай деген баласы 19-20 жаш чамасында эжесинин үйүнө барат.
    Жездеси кайда барса кайниси Калматайды кошо ала жүрөт. Күндөрдүн биринде жездеси кырк жигити менен Калматайды кошо алып бир жерге келсе, дарыянын (Иле суусу же Балкаш көлүбү) ортосундагы аралда кара кементай жамынган бир кыз көрүнөт. Ошондо жигиттерине: “Кимде-ким коркпой, сууну кечип барып, тетиги аралда турган кызды алып келсе, аялдыкка алып берем”, - деп айткан экен. Калматай биринчи: “Мен барайын”, - деп жооп берет. Жездеси уруксат берет. Калматай сууну кечип барып кызга учурашканда, ал идишке айран куюп сунат. Калматай иче берет, идиштеги айран түгөнбөйт. Кыз айтат: “Ичип түгөтө албасаңыз, калганын жакаңызга сүйкөп алыңыз”, - деп. Калматай ичишинче ичип, калганын жакасына сүйкөп, идишти бошотуп берет. Кыз Калматайдан: “Эмнеге келдиңиз, айтыңыз”, - деп сурайт. Калматай: “Сизди алып кел деген буйрук бар. Сизди алып кетемин”, - деп жооп кайтарат. Калматай келгенче жездеси үйүнө кеткен экен. Калматай кызды жездесинин үйүнө алып келсе жездеси жок, эжеси бар экен. Кыз сулуу болгондон кийин: “Күйөөм келип айнып жүрбөсүн” деп эжеси кызды иниси Калматайга нике кыйдырып коёт. Күйөөсү келгенде жайын айтып: “Сүйүнчү, келиндүү болдук, Калматайга сен алып кел деген казактын кементай жамынган кызын нике кыйдырып койдум”, - деген. Күйөөсү келинди көрүп, ичинен сызып: “Болуптур, жакшы болгон экен” деп тим болуптур деген сөз бар. Ушул казак 1-аялынан Медеке, Ноорке, Кенже, 2-аялынан Кашка. Калматай Чоң-Кеминдеги – Акый, Эши, Досондор менен бирге жашап туруп, кийин көчүп, Чүйдүн Борду деген жерине келип жашап, кийин Бордудан көчүп, Бурана мунарасынын аймагынан жер алып жашап калган деп айтылат.
         Дөөлөстүн (Дөөлөсбакты) кенже баласы Манаптын Жезбийкештен төрөлгөнү, ага ат коюлганы жөнүндө жогоруда айтылды. Манаптын улуу баласы Сүтөй оорукчан болуп, 30га чыкканча аял албаптыр. Иниси Сүтүке тың жана баатыр болуптур. Бир учурда жоодо жүрүп бир кызды колго түшүрүп, үйүнө алып келет. Кыз Сүтөйдү көрүп: “Буга тийбеймин, алсаң өзүң алгын”, - дейт. сүтүке: “Мен сени албайм, агабызга тийесиз”, - деп күчкө салат. Кыз кыйылып макул болуп, бирок кийин сенин балдарың менин балдарыма көз каранды болот дептир. Бул аялдан: Сарысейит, Тукур. Кыз айткандай Сүтүкенин баласы Кудур. Кудурдан Жарбаң деген эл бар. Булардын тукумдары Сарысейиттин тукумдарына көз каранды болушкан.
         Тукур жөнүндө: Тукур акылман, элге алымдуу баатыр адам болуптур. Күндөрдүн биринде тогуз кумалак ойноп олтурса бир сынчы келет да, Тукурга: “Эй Тукур, атыңды башкача котор, антпесең тукумуң жаман болуп калат”, - деп айткан экен. Ал айтканга Тукур макул болуп, бирок кандайдыр алаксып унутуп калат. Ошол себептен Эшим, Олчотай (Чоңчарыктан) атактуу кишилер чыккан эмес деген эл арасында сөздөр бар. Чынында тукуму аз, көрүнгөн жерде чачкын болуп жүрөт. Кемин, Ысык-Көл, Ат-Башыга тарап кеткен.
         Сүтүкеден-Кудур. Кудурдан Жарбаң (энесинин ичин жарып алгандан атын Жарбаң койгон), Жарбаңды чоңата, энеси багып чоңойткон. Мунун тукумдары негизинен Ат-Башы, Нарын, Кочкор тарапта жайгашып жашаган. Кийин айрымдары Чүй аймагына келип жашап калган. Анын себеби, алар Ат-Башыда турганда, ал элди Чокобий башкарып турган. Жарбаң тукуму бир топ запкы көргөн. Жарбаң тукумунан Эралынын уулу Буудайчы тың чыгып, Чоко менен бийлик талашып, Жарбаң элине өзүнчө болуш уюштуруп, болуштукка Буудайчыны шайлаган.
    Чоко бий ыза болуп, Буудайчыны өзүнө көз каранды кылууга амал ойлоп жүргөндө Анжыяндын соодагерлери Чоко бийдин айылына келип, соодасын жүргүзүп калышат. Чокобий бир түнү өз жигиттерине соодагерлердин буюмдарын уурдатып, көпчүлүгүн өздөрү алып, азын куржуну менен Буудайчынын туугандарынын төөсүнүн чомуна катып, кай-бирин Буудайчынын баласы Макенин өргөсүнө жашырып коюшат. Эртеси соодагерлер жоголгон буюмдар жөнүндө Чокобийге айтышат. Чокобий билмексен болуп, жигиттерин чакырып, Буудайчынын айылын тинттире баштайт. Бир топ соода буюмдары Буудайчынын тукумдарынын төөсүнүу чомдорунан, баласынын өргөөсүнөн табылат.
    Ошентип, Чокобийдин зулумдук амалы менен болуш Буудайчы, эли ууру аталып, соодагерлерге көп кун төлөшөт. Мына ушундан кийин Чокобий Буудайчыга, жалпы Ат-Башыдагы жарбаң элине күн көргөзбөйт. Жарбаң эли кыйналып, көпчүлүгү туш-тушка кете баштайт. Мисалы: Нарындын – Жерге-Тал, Кочкордун – Кара-Суусуна, Чүйдүн – Кичи-Кемин жерине келишкен. Буудайчы Кичи-Кеминдин Бейшеке жериндеги кудаларына келген. Жарбаңдар Ак-Бекетке, Кызыл-Суу өрөөнүнө отурукташкан.
         Аксакалдын тукумдарынан 70 түтүнчөсү негизинен Маданият айылында, айрымдары Онбир-Жылгада, Прогрестте жашашат. Мындан тышкары Нарындын Жерге-Тал айылында, “Жаңы-Турмуш” колхозунда жайгашкан деп айтылат.
         Чүйдүн Маданият айылында Жарбаңдан тараган: Кенжеш уулу, Сары уулу, Түнтөй уулу, Сагындык уулу дегендер жашайт.

         Мындан мурда жазылган Жантайдан тарагандарга кошумча:
         Чоң-Кемин аймагында отурукташкан айылдардан Каардөбө, Кайыңды айылынын санжырасынан. Ысмайыл уулу Нурдин жазган (2006-жылы 27-декабрда басылып чыккан) .
         Түшүндүрмө: Жантайдын уулу Сарынын аялы бөрүнүн жүрөгүнө талгак болуп, бөрүнүн жүрөгүн жеген. Ошондон төрөгөн баланын атын Бөрүчөк койгон дейт. Бөрүчөк жетилип, үч аял алган. 1-аялдан: Атабай. 2-ден: Айкө. 3-аялды токойдо куш салып жүрүп, баласы менен алып келип, аялды алат. Бул аялдан төрөлгөн баланын атын Күзөкө коёт. Аял менен кошо ээрчип келген баланы иле келдим деп Илеке коёт (бул бакма баласы) .
         Күндөрдүн биринде Окторкой деген жерден калмактар келип чаап, Дайырбекти, Тыныбекти үй-бүлөсү менен алып туткун кылып, Эрен-Кабарга Эртыш деген жерге алып барышат. Көп жыл калмактын колунда болуп, экөөнүн көзү өтөт. Дайырбек өлөөрүндө: “Балдарым, силер түп атаңар Жантайдыкы, жоготпой алып баргыла”, - деп мылтык, оттук, бычагын балдарына берет. “Бул белгиңер жок болсо, силерди Жантай уругу деп айтпайт”, - деп атасы дүйнөдөн кайткан.
         Дайырбектен: Асанбай, Ыбыке, Ынжы, Жакам, Мадыган, Сеңкилтай – 6. кийинки экөө калмакка баргандан кийин төрөлгөн. Тыныбектен: Ажыгул – кыргыз элине кайра келген.

         Схема 161. Стр.282

         Схема 162. Стр.283

         Схема 163. Стр.284

         Схема 164. Стр.285

         Схема 165. Стр.286

         Схема 166. Стр.287

         Схема 167. Стр.288

         Схема 168. Стр.289

         Схема 169. Стр.290

         Схема 170. Стр.291

         Схема 171. Стр.292

         Калмактын ханы мергенчиликке барып, Какым көлүндө бир кара кууга кушун салса алалбай калат. Убара болот. Ушул кара кууну ким атып же кармап берсе, сураганын беремин деп жар салат. Ошондо кыргыздан: Мамаке, Шопок, Асанбайлар барып, кара кууну атып, канга тартуу кылып берип уруксат сурайт. Хан уруксаат берип, аларды бошотот.
    өрөөн-Кабырга деген жерден кыргыз жерине: Чүй, Ысык-Көлгө, күн батышты бет алып жөнөшкөн. Булар сарбагыш Жантай тукумунан Дайырбектин балдары, бугу Тынымсейит тукуму, Токтогулдан Мамаке, Шопок, Божой ж.б.у.сыяктуулар нечен күнү жол жүрүп Мусарт деген ашууга жакын келишип, Тынымсейит уруусу: Нарын, Ат-Башы, Какшаал тарапка кетишкени, адашып, жол таппай Кашкардагы Канкожо деген сарттын жеринде 10-12 жылча туруп, кийин келип Тынымсейит уруусуна кошулган дейт.
         Булар келгенде Эсенгул, Болот бийлик жүргүзүп турган экен. Шопок Эсенгулга дос болуптур. 2-топ Дайырбектин балдары Ысык-Көл, Чүйдү бет алып келатканда Асанбай ооруп, чечек чыгып калат. Астын калыңдап, үстүнө чөп алачык жасап, азыгынан жанына коюп, алачыкка жаткырып: “өлсөң бейитиң ушу болсун, тирүү болсоң, кайда кетсең, ташты ошол жакка чубата коюп кеткин”, - деп атасы Жантайдын мылтыгын башына жаздап: “Тирүү болсоң бирдеме атып жеп, оокатыңды жасап кетээрсиң”, - деп коштошуп кетишет. Бирнече күн жол жүрүп, үчкө бөлүнгөн жолго келгенде, кайсынысына түшөөрүн билбей токтоп калат. Эң кичүүсү кайсы жолго түшсө, ошого түшөлү дешет.
    Бала баштап түшкөн жол менен баратып, ошол күнү бир айылга келишет. Ошол күндөн ал балага Жолбаштар деп ат коюшат. Калмак жеринде туулган Ынжынын баласы эле, өз аты Дөрбөлжүн эле. Андан жөнөп Чүйдүн Ысык-Ата жеринен үкүү (Күнтуу) деген солтонун айылына келишип, сарбагыш Жантайдын оттук ташын, бычагын көрсөтүп, биз Жантай тукумун издеп келе атабыз дейт. жантайдын тукуму Суусамырда турушкан. Кабар жетери менен туугандары: Ниязбек, Оболбектин балдары, Шакен, Мамакен, Токто, Ажыгул ж.б. туугандары келип, тосуп алышкан.
    Келгендерге туугандары үй тигип, мал беришкен. Кийин Асанбайды издеп барышса, Асанбай айыгып, күн чыгышка ташты тизип кетиптир. Баргандар таппай кайра келишкен дейт. Көп жылдар өткөндөн кийин Каркырада казак, кыргыз, калмактын жыйыны болуптур. Ошол жыйында уруубуз сарбагыш, түпкү аталарыбыз калмак жеринде жашап калыптыр деп Жантайдын мылтыгын көрсөтүп Асанбайдык тукумдары келиптир. Ошол жыйынды башкарган Мендеке-“Сасанын” кесепетинен Асанбай тукумун албай коюшкан. Алар ушул күндө да ошо жерде болуш керек. Дайырбектин 2-баласы Ынжы калмак жеринде турганда төрөлгөн баласы Дөрбөлжүн, кийин жолбаштагандан Жолбаштар деп атын коюшкан дейт. дайырбектин баласы Асанбайдан тараганы Кытайда деп айтылат. 5 баласы калмактан кайра кыргызга келишкен. Булардан тараганды беш калмак тукуму деп айтылат. Булар Чоң-Кеминде турушат.
         Схема 172. Стр.292

         Схема 173. Стр.293

         Схема 174. Стр.294

         Схема 175. Стр.295

         Схема 176. Стр.296

         Схема 177. Стр.297

         Схема 178. Стр.298

         Схема 179. Стр.299

         Схема 180. Стр.300

         Схема 181. Стр.301

         Схема 182. Стр.302

         Схема 183. Стр.303

         Схема 184. Стр.304

         Схема 185. Стр.305

         Схема 186. Стр.306

         Схема 187. Стр.307

         Схема 188. Стр.308

         Схема 189. Стр.309

         Схема 190. Стр.310

         Боогачы, Назардан таралгандар Боогачы Назар уулу деп аталат. Черикчиден: Жамангара, Жаныбек, Бекбото, Борколдой, Караменде, Мамаке, Календен, Бурулдай, Мама, Адылбек, Дайырбек, Карабай, Манапбай, Кенжебай. Карабайдан: Казак. Баардыгынын балдары бар, өз-өзүнчө ата-уулу.
         Темирдин тукуму Кочкордо, Сөөк-Каракол деген жерде турушат. Абайылда уулун 40 уруу деп айтат. Дөөлөстүн төртүнчү баласы Элчибектен – балдары (Таздар) таз болгон. Атамат Аалыбек, Жунуш. Атаматтан: Калча, Черикчи. Аалыбектен: Карабоко. Жунуштан: Моюнчу. Тынайдан: Атаке, Сатыбалды, Сокур. Атакеден: 1-аялынан Алыбай (Абылай), Солтоной, Карабек, Таштанбек, Жанкиши, Байшүкүр. 2-аялынан Жунуш, Калмак, Бегаалы, Абыке, Даба, дагы 6 баласы болгон. Бегаалыдан: Жангарач, Байсубан, Толо. Дабаадан: Кудайменде, Кулсырал, Тайсары. Жалпысынан Алыбай уулу деген эл бар. Булар Бурана, Алмалуу, Алчалуу деген жерде турушат.
    Солтонойдон (1-аялдан): Кудаяр, Дебике, Чынгыш, Калыгул. 2-аялынан: Ысмаил, Абадан, Черик, Чоктал, Кудайменде, Тайлак, Кулатай, Жаанбай, Жансары, Кулсары. Кудаярдан: Сооронбай, мындан Дур эли таралат. Чынгыштан: Балкыбек, Мырзабай. Мындан Кулмат, Касым уулу аталат. Калыгул эли Шамшынын Чүй тарабында турат. Ысмайылдан: Бакытай уулу деп айтылат.
    Абаттан Карабулун уулу. Чериктен: Саадабай уулу, Чокталдан Бактыбек уулу деп айтылат. Булар Алты уул эли деп аталып, Буранада турушат. Кудаймендеден: Канаша, Сопубек. Тайлактан: Бабахан. Бабахандан: Турдубай, Нурбай, үсөн. Кулатайдан: Чүкө. Жаамбайдан: Дөөлөс. Жансарыдан: Кулуке. Кулсарыдан: Балбык, Ормон уулу. Тынайдын уулу Атаке баатыр Сару, Бердике баатыр экөө көп кол алып, Токмок шаарына жакын Көк-Жар деген жайлоодо калмактын каны турган экен. Ошону чаап алуу үчүн келишип, капыстан кандын үйүнө кирсе, кан уктап жаткан жеринен Атаке чаап өлтүргөн. Ошентип эки баатыр калмакты жеңип, Чүйдөн кууп чыккан дешет.
    Ошондон эки баатыр кудалашып, баласы Карабекке Бердике баатырдын баласынын кызын алып берет. Карабектин 1-аялынан Жантай, Наркозу, Молтай, Телтай. 2-аялынан Сартай, Чыпай. Карабек жаш кезинде атасы Атаке менен казак Аблай кандын согушунда Карабек курман болгон дейт. таштанбектен: бир колхоз эл Ак-Бекет деген жерде жашайт. Калмактан: Мырзабек уулу деп аталат, Жанкиши, Байшүкүр, Жунуш, Сартай.
    Булардан таралган аздан эл жогорудагы элдин ичинде жашап турушат. Жантайдын 1-аялы Табериктен: Мырзаалы, Тынаалы, Чыпай. 2-аялы Мейизден: Ысабек, Ысак. 3-аялы Баалы (Жумгалдык саяк Келдибектин кызы): Шабдан, Маамыт, Искендер. 4-аялы Сейде (Баалынын бир тууган сиңдиси): Төлө, Ыманаалы. Бешинчи аялы Ак-Мөөрдөн: Мунайтпас. Абдылдабектин кызы Жаңылдын айтуусу боюнча Жантай болжолдо 1795-1868-жылдары жашап өлгөн (73 жашында) дейт. жантай баатырдын жигити Саптаяк деген казак төлгөчү экен. Карачий деген жерде төлгө тартып, биз казактан мал алабыз, бирок казактар кууп жетип, кийимибизди тоноп алат, биз кийимсиз үйгө барабыз. Биз барганча Жантай баатырдын эки аялы эркек төрөйт. Бирөөнүн өмүрү кыска болот. Бирөө казак, кыргызды сурайт деген экен. 6-казак аялынан төрөлгөн бала 1 жашка чыгып өлүптүр. Баалы төрөгөн бала Шабдан. Жаш кезинде энеси Баалы өлгөн. Шабданды эмизип баккан энесинин сөзү: “Мени үч жашка чейин эмип жүрдү. Эмчегимди жалгыз эмбей, кээде жолдошторун алып келип, силер дагы эмгиле дечү эле”, - дейт. кичинесинен эле боорукер болучу деп айтчу эле.
    Саяк элинен бир карыясы айткан экен: “Баалы бойго жеткенде Курманкожо, Кулжыгачтан бирөөңөр алгыла. Ушундан туулган бала журт сурайт”, - деген экен. Буйрук менен Жантайга баш кошкон. Солтодо Суумурундун ичинде Жанузак айтпай, Мөнкө айткан экен: “Байтиктен дөөлөт кетти, Солтодон кыдыр кетти. Жантайдын кызыл баласына тууну тикти”, - деген экен. Жантай каза болгондо Шабдан 27 жашта экен.
         Эскертүү: Шабдан баатыр китебинин 15-бетинде – Шабдан 1839-жылы туулуп, 6-апрелинде, 1912-жылы 73 жашында кайтыш болгон.
         Телтайдан: Чаралдай, мындан Далбай, мындан Султан Кичи-Кеминде турат. Сартайдан: Жантели, Байтели, Ажыбай, Калча. Жантелиден Серкебай. Байтелиден: Саке. Сакеден: Молдоөмүраалы. Ажыбайдан: Эркинбай, Огонбай. Огонбайдан: өмүр. Мырзаалыдан Алакуш. Искендерден: Нуралидин, Ыйманаалы. Чыпайдан таралгандар Чыпай уулу деп аталат.
    Шабдан 1-аялы Бак (солто Жангарачтын кызы): Солтонбек, мындан Майлыш. 2-аялы Шакеден (саяк Черикчибийдин кызы же Таластык Качикебийдин кызы дейт): Мөкүш, Кемел . шааке ага барган экен, ошол үчүн Ажы байбиче дешчү экен. 3-аялы Султандан (Кочкордук Сарбагыштын кызы) Самүдүн. 4-аялы Мээркандан: Аман. Азыркы кезде Мөкүштөн эркек тукум жок. Кемелден Ажыгабыл деген баласынан 1 бала болуш керек. Энесин ээрчип кеткен дешет, туугандары менен катышпайт дейт. самүдүн, Амандын балдары Көлдө, Чүйдө, Кеминде турушат дейт.

         ШАБДАНДЫН БАЛДАРЫ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         Солтонбек жоош киши болгон, ошондуктан буга маалымат аз. Мөкүш (1875-1939-жж.) атасы карыган кезде ордун ээлеп, Сарбагыш волосуна болушка шайланган. 1911-жылы Мөкүштү “киши өлтүрдү” деген жалаа менен түрмөгө камалып, сот актап чыгарат. үркүндүн алдында Сарбагыш эли Мөкүштү хан шайлайт. 1916-жылдан тартып Шабдандын балдары Кытайда жүрүп, 1922-жылы кайра элине келет. 1925-жылы Манаптын балдары деп айдалат.
    Мөкүштүн кичүү аялы кыргыз элине “Каптагайдын качкан кызы” деп аты чыккан. “Бир күнү бир топ чоңдор менен Кудайкулов биздин үйгө келип, конок болуп олтуруп, мага тийишип: “Жеңе сиз каражолтой окшойсуз, сиз келгенден бери баатырдын балдары жакшы болбоду го”, - деди. Анда мен: “Баатырдын балдары эмне болсо ошол болсун, бирок мен ак жолтоймун. Себеби ушул доор келип, токол мен – байбиче болдум, кул сен – төрө болдуң”, - десем бардык олтургандар күлүп, Кудайкулов абдан чычалады да, көп өтпөй бизди кууй баштады”. Мөкүш 1939-жылы түрмөдө өлөт, сөөгү Ошто Сулайман тоосунун жанындагы бейитте. Баатырдын балдары: “Айдалган себебинин бирөө мен”, - деп энебиз айтаар эле” дешет.
         Самүдүн (1876-1942-жж.) Самарканддан жогорку дин билимин алган. Ал Шабдандын мечитине баш болуп жүргөн. Кыргыз тил, тарых боюнча биринчи изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Бирок кол жазмалары 1916-жылы жок болот. 1925-жылдан айдалып, 1939-жылы оорусунан түрмөдөн бошоп келет. 1942-жылы кайтыш болгон.
         Кемел (1882-1948-жж.) Верный шаарындагы гимназияны бүткөн. 1913-1916-жылдары Сарбагыш волостуна болуш болгон. 1926-1927-жылы Уралга айдалып, 1937-жылы түрмөдөн бошоп келет. Диний кызматка өтөт. Балыкчы шаарынын имамы болуп туруп, 1946-1947-жылы ажыга барат. 1948-жылы каза болот.
         Аман (1883-1942-жж.) агалары тың чыгып, эл оозуна көп кирбей калган. Бирок, аларга кошулуп, алар көргөндү кошо көрүп бир жүргөн. Мөкүштүн уулу – Ажийман, Кемелдин уулу – Ажыкабыл экөө кыргыздын ошол кездеги билимдүү балдарынан эле. Ажийман кыргыз тили, адабият, тарых илим изилдөө институтунда иштеп, кийин Ошто, Тажикстанда, Бадахшанда эл агартууда иштеп жүрүп респрессияланып жок болгон.
    Ажыкабыл 1939-жылы камалып, 1956-жылы түрмөдөн бошоп келген. 1962-жылы каза болгон. Мөкүштүн 1-аялы Бүбүдөн (алмакүчүк уруусунун бийи Куттубайдын кызы болгон) Ажыйман – жаш кезинде кайтыш болгон. 2-аялы Зейнептен (Чоконун кызы болгон) Назима кыз. 3-аялы Зуурабүбүдөн (азык уруусу) Жамалбек, Асанбек (кайтыш болгон). 4-аялы Кайып-кыздан (Каптагайдын кызы, Боромбай хандын баласы өмүрбек багып алган эле.
    Кайып эгиздин түгөйү): Ормонбек, Назарбек, Аршидин, Жамалкан. 5-аялы-Бадыжалдан (Бадыжамал): Эдилбек. Шабдандын иниси Искендердин баласы Нуридиндин аялы болгон. Кемелдин 1-аялы-Калийпадан (озук Сарыбоз ажынын кызы): Ажыкабыл. Калийпа өлгөндөн кийин Каличаны (бакачы Бозкаранын кызы) экинчи аялдыкка алган. Ал 1911-жылы жер титирөөдөн өлгөн. Мындан бала жок. 3-аялы Сабира (Дурдун кызы). Бир жылдан кийин ооруп өлгөн, бала жок. 4-аялы Токтондон (Төлө ажынын кызынын кызы, жээнин алат) Мамбетказы. Токтон оорулу болуп калганда, аны багуу үчүн сиүдиси Фатимага үйлөнөт. 5-аялы Фатимадан: Саадат-кыз. Шабдан Самүдүн бир жарым жашка чыкканда Самүдүндүн энесин кетирип жиберген. Султан кийин казак Ногойбай бийдин инисине турмушка чыгып, эки бала төрөгөн дейт.
    Самүдүндөн: 1-аялы (казак кызы) Алилден: Ракия. 2-аялы-Зубайылдадан: Мажит, Абдыламит, Росия, Ажарбүбү. 3-аялы (Сарыбоз ажынын кызы) Салимадан: Акматбек, Рапия, Самса, Калича. 4-аялы-Асылкандан бала жок. 5-аялы (Көлдүк Дөөлөс Чекир ажынын кызы) Бурулкандан: Абдылдабек, Жусупбек. Абдылдабектен – Жаңыл-кыз. 6-аялы (Тогуз-Торолук Чолук бийдин кызы) Гүлайдан: Анварбек, үсөн, Жагангир. 7-аялы Токтокандан: Рамазан.
         Шабдан баатырдын небере-чөбөрөлөрүнүн жетиси Ата Мекендик согушка катышып курман болгон. 1926-жылы Самүдүн Уралга айдалып кетип бара жатып Абдылдабекти жигити Тайкүрөңгө таштап кетет. Ошондон тартып Абдылдабек Тайкүрөңов болуп калат. Жогорку эки дипломго ээ болот. Ал ата-бабаларынын тарыхын изилдөөдөн кол тартпайт. Архивден издеп, изилдеп таап, чогултуп жүргөн. Шабдан (1840, 6-апрель 1912-жылы) жума күнү Чоң-Кеминде каза болгон. Мүрзөсү Кожокмат деген жылганын оозундагы көрүстөнгө коюлган.
         Кыргыздын манаптары кабарлашып, Шабданды көрөлү дешип, өлөөр алдында үйүнө барышып Шабданга таазим кылып, салам айтышып, абалын сурашыптыр. Далай жүйөөлү сөздөр, суроо-жооптор болгондон кийин, Чыныбай Шабданга кайрылып: “Баатыр, айкөлдүк кылып жашадыңыз. Бу дүйнөдө арманыңыз барбы?”. “Бар, болгондо да экөө”, - деди Шабдан. “Ал кандай арман?” – деди кудасы Чоко.
    “Биринчи – элимди отурукташтыра албадым. Экинчи – Мөкүштү түрмөдөн куткара албай калдым!”. Чыныбай дагы суроо берди: “Баатыр, сизди бүткүл Түрк эли, Орустар да сыйлайт. Сөзүңүздү эки кылбай аткарышат. Сиздин артыкчылыгыңыз эмнеде?”. Калгандары ар кандай өз ойлорун айтышты. Шабдан: “Менин артыкчылыгым – эч кимдин көңүлүн калтырган эмесмин. Дагы – мен кечире билгемин. Дагы – мен өзүмдүн никелүү аялдарымдын астында ала жипти аттаган жокмун. Актык – бакыттын булагы”, - деп койду.
         Кыргыз элине адилетсиздикти Шабдан өлгөндөн кийин башташкан. Күндөн күнгө күчөп, 1916-жылы үркүнгө алып келген.
         Сатыбалды баласы Жоосардан: 1-аялынан – Стамбек, 2-аялдан – Ыйбак, Балбак. Станбектен: 1-аялдан Түлөкабыл, Калпак, Жунуш. 2-аялынан Орозбак, Боромбай. Түлөкабылдан: 1-аялынан Муратаалы, 2-аялынан Жантемир, Көрөгөн. 3-аялынан Чийтемир, Айтемир, Байтемир, өзтемир.
    Муратаалыдан: 1-аялынан Мамбеталы. 2-аялынан Муса. 3-аялынан Жусуп. Боромбайдан: Мендебайыр, Сооронбай. Сооронбайдан: өмүркожо, Нурмамбет. Стамбек тукумдары Кегетиде турушат. Анткени айрымдары Карамырзанын баласы дейт, себеби: “Мүйүздүү эне тукум көрбө, көрсөң убайын көрбөгүн” деп каргаган дейт. карамырза балалуу болгондо тубаса эрди жырык, ырайы суук баланын атын Атаке койгон дейт. элге шылдың болгончо баладан кечтим деп, бешикке бөлөп, журтка таштап көчүп кетет.
    Тынай конуш издеп жүрүп, ушул таштап кеткен баланы таап алып, жышааналуу бала экен деп багып алган дейт. Муну сыртынан байкап жүрүп, кийин чоңойгондо Карамырза Тынайга киши жиберип, бул Атаке менин балам, өзүмө берсин дейт. Тынай – биз түбүбүз бир тууганбыз, бала өзү жооп берсин дейт. атаке – мен төрөлгөндө керексиз болуп, чоңойгондо керек экенмин. Менин атам Тынай, силер кете бергиле, силерди тааныбайм дептир. Атаке жырык акылдуу болуп, Сарбагыш элин башкарган.
    Кокон каны Эрдаана бий чакыртып – өңүн көргөндө адамга Алла-Таала өң бергенде кайда элең деп сураганда, Атаке – мен ошондо бак базарында болгомун деп жооп берген дейт. Кокондун каны, бул киши акылдуу экен деп, кыргыз элине башчы кылып койгон экен.
    Атаке бий болуп, түндүк-батыштагы кыргыз элин башкарып турганда алгачкы элчиликтин демилгечиси болуп, биринчи катты жазып, Абдыракман менен Шергазыны жиберген. 23-август 1785-жылы Омскиге алып барышкан. Ушундай кат экинчи Атаке тарабынан 15-июнь 1788-жылы жиберилген. Арызда Омски областынын Мамлекет архивинде сакталып турат дейт. атакеге 1786-1788-жылы Екатерина Экинчинин атынан жазылган жооп да жиберилген деп айтышат. Тынай элинин ичинде калмактан келген беш калмак жигиттин тукуму “Беш калмак” деп айтылат. Булар Чоң-Кеминде бар. Сокурдан: Бердигул, Арзыгул, Ырыскул. Булардын тукумун негизинен сокур уулу дейт. аз эл. Ар кайсы жерде, көпчүлүгү Чоң-Кеминде турат (каргыш кеткен дешет). Сатыбалдыдан: 1-аялынан Жообасар, Айа, Кубат. 2-аялынан-Карсен, Чомой – эгиз. 3-аялынан-Алмакүчүк. 4-аялынан (калмак) Шайыбек. Айа, Карсен, Чомойдон аз эл, Ак-Бешимде турушат. Кубаттан: Абыбек деген эл бир колхоз, Ташыбек деген эл бир колхоз, Чанга деген эл бир колхоз. Жалпысынан Кубат уулу деп айтылат. Булар Чүйдө, Буранада турат.
         Алмакүчүктөн: 1-аялынан Ажыбек, үрүстөм, Жанбото, Бекбото. 2-аялынан Тооке, Куттубай. Ажыбектен: 1-Мамат, Тейиш. 2-Шабдан, Бекболот, Данаке. Маматтан: Жумагул, мындан – Ысак. Тейиштен-Аманбай, мындан Закир. Мындан Зайнапдил. Шабдандан: 1-Султан, 2-Амангелди, Кочорбай, Жапар.
    Бекболоттон: 1-Молдояр, Данияр, 2-Озой, Акмат, Базаркул, Жунушаалы. 3-Таажы. Султандан: Турдакун, Токтакун, Жакыпакун, Токтоназар. Амангелдиден: Аскар, Ишембай. Кочорбайдан: Асылбек, Мырзабек. Молдоярдан: Сулайман, мындан: Шаршеке, Саркүчүк. Даниярдан: Сыдык, Шерип, Ысман, Сейталы, өмңр. Озойдон: Бостонкул, Ырсалы. Жунушаалыдан: Нурдин, Насирдин, Зайнидин. Тажыдан: 1-Жусуп, Мукаш. 2-Керимжан, Абдыкерим. Базаркулдан – Карып.
         Эскертүү: Төрөкан уулу Эсенкулдун 1-санжыра китебинде толугураак жазылган. Ошондон кошумчалап толуктаса болот (132-бетте). Жазылбай калгандары – Ажыбектин Мамат уулунан. өмүралы Жумагулдан, Ысмайыл. Ысактан-Ыдырыс. Аманбайдан-Осмон, Карасарт, Касымалы, Закир. Закирден-Сталбек, Сайнапдилден-Асылбек, Акылбек.
         Кошумча: Чомойдон-Молдосан, Жанадыл, Мандил, Кара, Сары,Черикчи, Төрөкожо. Төрөкожодон: Сагынбай, Агыбай. Агыбайдан: Мукамбет, Акмат, Абдылда, Майыт, Ракым. Акматтан: 5 эркек, 4 кыз – 9 баласы бар. Абдылдадан-Акылбек, Андабек. Мамыттан: Азамат. Ракымдан-Самат. Эркинден-Айнуранын өкүл атасы Богот.
         Кыргыз санжыра китеби 1994-жылы басылган. Эрмек үмөт уулунун айтканы боюнча (269-бетте) .
         Кылжырдан (сарбагыштан) Орозбакты Дөөлөс бакты. Тагай Кокон ханына салык төлөбөй коюп, 1,5 жыл камакта барымтага жатыптыр. Келсе байбичеси төрөп коюптур. “Ой бул кимдин баласы?” – десе: “Сенин балаң. Сен кеткенде чөгүп кетип, кайра көтөрүлдү”, - дейт. “Чынбы байбиче билбейм, мейли менин балам болсо аты – Кылжыр”, - деп коюптур (мойну кыйшык экенин көрүп атын кыржыр койсо керек). Бул сөздү солдо, солтолор айтышат. Жунгар калмагына Дөөлөсбакты көп чабуу жасап ийди. Ошондон калмактын каны Корун көп колу менен Дөөлөстү чаап аламын деп келип Орозбактыны чаап кетти. Орозбакты токойго жашынып кутулган.
    Дөөлөскө ачуусу келип, бир жигитин жиберди Орозбакты: “Агаң чакырып жатат, камчысынан башка курал албай тез келсин, чай ичпей кайра тарт”, - деди Орозбакты жигитке. Жигит ошол буйругун айткандай аткарып келди. Дөөлөс куралсыз камчысы менен келип Орозбактынын айылы чабылганын көрүп: “Мен калмакты чаап, алардын алып кеткендерин кайрып келем”, - деди Орозбактыга. Орозбакты: “Сен куралсыз камчың менен Корун канга бар. Мен сага кат жазып берем. Катка макул болсо, сени өлтүрбөйт. Алардын өткөндү биз, бизден өткөндү алар төлөп беришет. Макул дебесе сен өлөсүң”, - деди. Дөөлөс макул болду. Орозбакты кат жазып, мөөрүн басып берди. Дөөлөс баратканда чек арадан кармап: “Сен ким?” - деди. “Дөөлөсмүн” – “Ой акмак, Дөөлөс сага окшоп куралсыз, жалгыз келбей калсын”, - деди. “Жок чын, Дөөлөсмүн. Мени ханыңарга алып баргыла”, - деди. Аны орго салып коюп, аскерлер – ой-тоону тинтип, катып койгон аскери жок өзү жалгыз экенине ишенип Дөөлөстү ханга алып келишти. Хан: “Эмне келдиң?” – деди. “Мына, бул агам Орозбактынын жазган кагазы. Ошону беремин деп келдим сизге. Ушул кагаз болбосо, сени акмак, көрөйүн деген көзүм желкемде, кулагым чокумда. Сенин атыңды уксам, өпкөм ордунан кетип, жүрөгүм жамбашыма барат. Азыр да болсо сени жеп койгону турамын. Мени өлтүрсөң, менин да Токо, Жантай деген балдарым бар. Кара Токодон бирөө туулар, сенин башыңды ала турган”, - деди Дөөлөс.
    Баягы хандын эки жагындагы кыздары сурак жүргөндө угуп турушат экен. Хандын эки кызынан бөлөк баласы жок экен. “Болуптур, мен Орозбактынын шартына макулмун. Бизден өткөндү силер, силерден өткөндү биз кайрып берели. Бирок бир шарт менен. Силер бизден өткөнүн Бедел ашуусунан бери ашырганда гана, биз да силердикин айдайбыз”, - деди хан. Дөөлөс макул деди. Эки кыздын бирөө хандын казак аялы тууган кыз экен. Хан казакты чапканда боюнда бар аялды жактырып, аялдыкка алган экен. Кыз Дөөлөстү сүйүп, апасына келип айтты. Апасы чочуп: “Антпе кызым. Мухаммед дининдеги мусулман, сен болсоң Будду дининдеги калмаксың, никеңер болбойт. Муну атаң укса, экөөбүздү өлтүрөт”. Кызы көнбөдү: “Жок. Мен Дөөлөскө тием. Атама айт, никебизди кыйсын”, - деп туруп алды. Айла жок кыздын апасы атасына айтса: “Экөөңдү өлтүрөм”, - деп бакырды. Кызы менен апасын үч күнгө орго салдырды. Хан кызы ого бетер көгөрүп, атасына кызы: “Мейли мени өлтүрсөң да тиги дүйнөдөн кошулам. өлтүрбөсөң азыр кош”, - деп тике айтты. Хандын акылмандары: “Мейли, кызды Дөөлөскө берелик, ушул кыз ынтымактын данакери болсун”, - дешти. Хан айласыз макул болду.
         Эртеси хан Дөөлөстү чакыртты. Дөөлөс хандын үйүнө кирип отурду. Кызды Дөөлөскө бет маңдай отургузуп коюптур. Дөөлөс ойлоду “Бул да бир күнөөкөр байкуш го” деп. Дөөлөс үйдүн ичин караса хандын тактысынын башында кайчылашкан эки кылыч илинип турат. Эшиктин үстүндө эки көк чыбык илиниптир. Дөөлөс ойлоду “Ии, мени көк чыбык менен сабап, кылыч менен өлтүрөт экен го. Жок, мен да жөн турбасмын, бир кылычын жулуп алып, эч болбосо ханды жайлап өлөйүн”. Аңгыча хан ордунан турду. Кызынын арт жагы менен басып барып, кылычтын бирин алды.
    Анан чыбыктын жоон башын кыздын колуна карматты. Кайра басып барып, үстүңкү кылычты алып, анан тигиндей басып барды да кылычты маңдайына тийгизип туруп, анан чыбыкты ортосунан чапканда, чыбык бөлүнүп кетти. Жарымы Дөөлөстүн колунда, жарымы кыздын колунда калды. Көрсө бул калмактын никеси экен. Атасы Кыят экен никесин.
         Дөөлөс мунун баарын – эшикке чыккандан кийин, мурдагы эски чайканадан жаңыраак, тамагы жакшысына алып барып коюшкандан кийин укту. Чатак эми башталды. “Атаңды гана урайын калмактар. Мен Ислам дининдеги мусулман болсом, анан Будду дининдеги хандын кызын кантип алам? Алсам өз диниме киргизип туруп, анан алам. “Аллахамду ляйлякулла Мухаммед расулалла” деп айттырып, экинчиден, өз молдомо нике кыйдырып, үчүнчүдөн, энесинин ак сүтүн кайрып туруп, анан алам”, - деди Дөөлөс. Муну укканда хандын ого бетер ачуусу келди. “Кул кутурса кудукка кайырмак салат” .
    Дөөлөс кутурган экен. Бирок хандын акылмандары – Дөөлөстүн айткан сөзү туура экендигин ханга түшүндүрүштү. Кызга калың алуу калмакта – кула жорго, кара жал болсо, жалпы баары сол жагына жыгылуу болсо жагат экен. Дөөлөскө ушундай жоргодон 40ты калыңына салды. Дөөлөс: “Качан алып келейин, канча күндө?” – деди. Дөөлөс колуктусуна жолуккан жок. Кеткени жатканда бир келин келип, колукту Дөөлөстүн жолугуп кетишин суранып жатканын айтты. Ал күн колуктусуна конуп калды. Колуктусу да Дөөлөстүн шарттарына абдан ыраазылыгын билдирди. Мындай деди: “Сиз барып кайра келгениңизче, бир кишини көзүңдү ачып карабай келиңиз, дагы бир кишиге оозуңузду ачып сүйлөбөй келиңиз. Ушул менин аманатым”, - деди. Дөөлөс көпкө ойлонуп, бул сөздүн маанисин түшүнгөн жок. Акыры түшүндү – барып келгенче көзүңдү ачып көрбөй кел дегени – күндүз жүрбөй түндө жүр дегени, чын эле түндөсү жүрсөм кимди көрмөк элем да ким менен сүйлөшмөк элем. Дөөлөс күндүз токойдун арасына жатып уктап, түндөөсү жол жүрүп кетип баратты.
         Бир топ күндөн кийин жайлоого келди. Келсе, эли көчүп кетиптир. үйүнүн ордуна тердигин салып, ээрин жазданып уктап калды. Бир убакта “бүб-бүб” деген төөнүн үнүнөн Дөөлөс ойгонуп кетти. Көрсө үй ордунда калган тезекти артып келүүгө келген Дөөлөстүн үйүндөгү күң кыз экен. Ошол жерден Дөөлөс ошол кызга жаңылып калды. Кызга мындай деди: “Сен мени көрдүм деп жан кишиге оозуңдан чыгарба. Айылга баргын дагы жолдошума (жолдошунун аты айтылбаган) айт. “Дөөлөс келди.
    Эски журттун батыш жагындагы токойдун ичинде сени күтүп жатат де. Бул айтканымды анын аялы да укпасын”, - деди. Кыздын тезегин артып, жөнөтүп жиберип, өзү жолдошун күтүп токойдо калды. Кыз барып жолдошуна айтты. Жолдошу келип, экөө көрүшүп, жайын сурашты. Дөөлөс болгон окуяны айтып берди. Анан Дөөлөс: “Эми досум таң атып калды, сен кечке чейин 40 кула жорго элден чогулт. Эмне десе, айт: “Силерге Дөөлөс керекпи же ат керекпи?” – десең. Дөөлөс кайда дешсе, жакында келет. Кула жорголорду калмакка берсек Дөөлөс келет де”. Жолдошу айылынан кула жорго жыйнай баштады. Эмнеге деп сурагандарга, Дөөлөс айтканын айтты. Кечинде 40 кула жоргону Дөөлөскө жеткирди. Дөөлөс жолдошу экөө жорголорду айдап, калмакка 5-6 күндө барышты.
    Бүт калмактар Дөөлөстүн ишине таң калышты. Хан тактысына чыгып, нөкөрлөрү менен өтүп жаткан кула жорголорду суктанып карап отурушту. Хандын акылмандары: “Мындай күйөөдөн айланса болот. Эми калмак менен кыргыз дос болушту”, - деп өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты. Хан 40 күнү той өткөрдү. Кызын кетирер мезгил келгенде Орозбактынын кул болуп келген элин бүт чогултту. Эл “Дөөлөс бизди алып кетет экен” деп сүйүнүп жатышты. Дөөлөс жакка калмактан өткөндү бүт кайрып беришти. Бирок балакет эми башталды. Баягы хандын кызы: “Мен Дөөлөскө барбаймын”, - деди. “Мен Дөөлөстү адам экен десе, ит экен. Мен ага барбайм. Менин айткан аманатымды аткарган жок”, - деди кыз. Бул сөз ханга жетти. “Хан башым менен эми эки сөз сүйлөйт экемин го. Барам деп кыйнаган өзү, эми барбайм дегени эмнеси? Мен аны өлтүрөм”, - деп ачууланды.
    Айласы жок кыз атасынын каарынан Дөөлөскө барууга макул болду. Калмактан Дөөлөстүн колго түшкөн элин көчүрүп, хандын кызын алып жөнөштү. Дөөлөстүн жолдошу молдо экен. Ошол хандын ордосунан чыга электе Дөөлөс менен кыздын мусулманча никесин кыйды. Жолдо келе жатышат. Эмнегедир кыздын сабыры суз. Анысынын кайгысын түшүнө албай Дөөлөстүн да сабыры суз. Жолдошуна Дөөлөс кеп салды: “Досум, хандын кызы өзү сүйүп тийди. Бирок менин аялым, Токо, Жантай деген эки балам бар экенин ал билбейт. Экинчиси, сенин ага айта турганың – менин байбичем Менсек карапайым кыргыздын кызы. Бул болсо хандын кызы, кыргыздын жөнөкөй кызына токол болбойм дээр бекен же эгер токол болбойм десе жайлоосун, кыштоосун бөлөк кондуруп, өзүнчө үстүнө үй, астына мал берейин, ушуну сура – деп аялдарм енен бараткан хандын кызына жолдошун жиберди. Ал барып ага Дөөлөстүн айтканын айтты эле, кыз мындай деди – Кептин баары хандыкта, бектикте эмес.
    Дөөлөстүн мурда аялы бар экенин, балалуу экенин мен билгем. Баары бир биринчи жолу көзү менен көрүп, оозу менен өпкөн, бармактайларынан кошулушкан 1-аялдын аты – байбиче болот. Ал карапайымдыкка карабайт. Мен хандын кызы болсом дагы аялдын үстүнө барып жаткандан кийин менин атым – токол. Ошондуктан бир жыл бою байбиченин оту менен кирип, күлү менен чыгам. Анан көңүлүбүз келишип кетсе эже-сиңдидей болобуз. Антпесе дагы көрөрбүз – деди жаңы келинчек.
    Айылга жакындаганда бирөө барып сүйүнчүлөп, Менсекке болгон сөздү айтты. Байбиченин ичи тарыган жок. Абдан кубанып, хандын кызынын айткан сөзүнө ыраазы болуп, келе жаткан келинди улак тарттырып, ат чаптырып тосуп алды дейт. Дөөлөс келген элди, дүнүйөнү толугу менен агасы Орозбактыга тапшырды. Ошентип эки катын бир үйдө ынтымактуу жашап калышты. Менсеке Токо, Жантай менен бирге жашады. Арадан бир топ убакыт өттү.
         Бир күнү Дөөлөс дөбөдө жыйын өткөрүп жатканда, үйдөн токол байбичеге сөз салды. “Апа, мен ушул жерге улук башымды кичик кылып, хандын кызы элем, эмнеге келдим, эмне себептен, эмне муктаждык менен келгенимди. Мына бир топ убакыт болду бир да жолу сурабай койдуңуз. өзүм айта албадым, оозунуп сизге. Анда байбиче: “Ии, эмнеге муктажсың?” – деп сурады. Анда токол мындай деп айтты: “Дөөлөстө болочок бир жакшы баланын периштеси бар эле. Мен ошол баланы төрөйм го деген үмүт менен келгем.
    Бирок менин ал үмүтүм, тилегим аткарылбай калды. Мен ошол бала байбичеси сизден го, мейли барып көрүп, туубасам да багып өстүрөйүн деп келдим. Бирок ал баланын периштеси сизде да жок экен”. “Ээ ботом, анан кайда кетиптир?” – Менсеке байбиче чочуп кетти. “Ал бала мынабу биздин үйдө жүргөн күң кызда экен. Эми ал баланы сиз төрөйсүзбү же мен төрөйүнбү”, - деди токол. Менсеке чочуп кетти: “Ботом эй, бирөөнүн ичиндеги баланы экөөбүз кантип төрөйбүз. Эгер андай иш колуңан келсе, сен төрө”. “Жок, сиз төрөйсүз. Мен бүгүдөн баштап элге жар салам. Дөөлөстүн байбичесинин боюна бүтүптүр деп, а сиз болсо бүгүндөн баштап ичиңизге бир кабаттан кийиз орой баштайсыз. Тиги күңдү төрөгөнчө үйгө жашырып олтурабыз да, төрөөр замат жууп-тазалап, бурчка олтургузуп, сиздин койнуңузга балаңызды салып берем.
    Ошентип баланы сиз төрөгөн болосуз”, - деди токол. Акыры баланы күңү төрөдү. Айтканындай баланы Менсекенин койнуна жылаңач этине салып берип, ичине орогон кийизди алып салды. Ошондо мээрими менен эмчегин эмгенде кадимкидей эмчегинен сүт чыккан экен дейт. Чыныгы баланы төрөгөн күң Жезбийкени токол жуунтуп, тазалап олтургузуп койду. Кийин бир байдын баласына (күйөөгө) берип жиберген дейт. баланын атын Манап деп коюшкан. Жыл өтпөй калмактан келген Дөөлөстүн токолу төрөп, атын Элчибек коюшкан. Дөөлөс үч аялдан Токо, Жантай, Манап Элчибек - 4 уулдуу болгон.
         Дөөлөсбакты (Дөөлөс) жөнүндө Төрөкановдун жазганы боюнча:
         Дөөлөстү эли кан коюп алышкан. Калмактар менен кармашкан мезгилде Дөөлөстү колго түшүрүп, зынданга салып таштайт. Калмактын канынын Менсеке деген кызы күндөрдүн биринде зынданды карап Дөөлөстү көрөт да, бул киши жылдыздуу экен деп сүйүп калганын атасына билдирет.
    Хан Дөөлөстү зындандан чыгарат. Тышта жүргөндө Дөөлөс Менсекени көрүп, аны жактырып, баш кошууга сөз салат. Кыз макул болуп, бирок “бир жылдан кийин келип, той өткөрүп аласың, ага чейин эч бир аялга жолобойсуң, жолосоң жылдызың жок болот. Анда мен сага тийбейм” деген шарт коёт. Бул шартка кыздын ата-энеси дамакул болуп, Дөөлөс элине барып даярданып, Менсекени алууга келе жатса жолунан калмактын сулуу кызы жолугуп калат. Анын аты Асылкан (Жезбийкеш), ошого үйлөнүп калат.
    Менсеке менен макулдашкан шарт бузулат. Буга карабастан Дөөлөс Менсекени алууга келсе, кыз ага тийбеймин дейт. Анткени сенин белиңдеги, мен кызыккан бала жок деп болбой коёт. Ата-энеси убадасы боюнча кызын зордук менен көндүрүп, той өткөрүп Дөөлөскө берет. Менсекени айылына алып келет. Арадан убакыт өтө берет. Мурунку аялы Жезбийкештин боюнча болуп, күндөн-күнгө курсагы тоңойо баштайт. Анын курсагын көрүп Менсеке баланы алуу максатында өз курсагына кийиз байлап, ичин чоңойто берет. Жезбийкеш төрөгөндө, Менсеке курсагындагы кийизди алып таштап, баланы өзү алып, Жезбийкештин койнуна иттин (баласы) күчүктү таштатып коёт. Ошентип Менсеке бала төрөдү, Жезбийкеш күчүк төрөдү болуп Дөөлөскө сүйүнчү жетет. Дөөлөс Жезбийкешти төркүнүнө жеткирип таштайт. Баланы Менсеке багып чоңойтот.
         Балага ат коюу үчүн той берет. Келгендер ар кандай атты коёбуз деп талашып жатканда бир молдо келип калат. Эл жана Дөөлөс молдого кайрылып: “Балага ат коюуга арналган тойдун үстүнө келип калдыңыз, эми балага атын коюп бериңиз” деген экен.
    Ошондо молдо эки жагын каранып, ырым-жырымдарын айтып, жылдыздуу кишинин баласы экен, атын Манап койгула, баатырдын эң кичүү көкүрөк күчүгүнүн атын Манап койгула, жаман болбойт деп молдо кайталап айтып, батасын берип, эл бата кылып, Дөөлөс эки жагын караса баягы молдо жок, көздөн кайым болгон экен. Байкап көрсө бул Кыдыр молдо экен. Эл арасында айтылып жүргөн санжыраларда Манапты Жезбийкеш төрөгөндүгүн жана ошого таандык экендиги айтылат.
         Дөөлөс жөнүндөгү баян ушундай. Менсеке – калмактын кызы, абдан акылдуу, кыраакы. Натыйжада Дөөлөстү зындандан бошоттуруп, эки элдин тынчтыгын түзгөн экен. Дөөлөсбактынын балдарынан Токо тың болуптур. Дөөлөс өлгөндөн кийин эли Токону кан кылып шайлаптыр. Токонун өзүнөн эркек баласы жок, алты кызы болуп, улуусу Күмүшай бойго жеткенде Таластык Кара-Буура, Чаткалдагы саруу уруусунун бир байы куда болуп баласына Токонун кызы Күмүшайга үйлөндүрөт. Калың-малга кошуп үч баланы берет. Алар: Молой, Чечей, өзүк аттуу балдар кул катары. Каракурсак аттуу баланы чыгданга сатылып келген кул деп да жана кыргыз-калмактын согушунда колго түшкөн кул катары айтылат. Булар кайсы уруудан экени белгисиз.
         Кичи жүз казактан: Машырбай, Көкөнөй деген эки бир тууган болгон экен. Мамырбайдан – Абыла эркек, Көкөнөйдөн кыз төрөп, Абыла менен кыз бирге чоңоюп, кийин бири-бирин сүйүп калышат. Муну Көкөнөй билип калып, экөөнү өлтүрмөк болот. Ошондо Абыла качып келе жатканда Меркеден эки казак бала жолугуп, аларды жолдош кылып кошо ээрчите келип, Токонун үйүнө туш келет. Абыла жашырбай чындыгын айткандан кийин – үчөөң тең менин балам болосуңар деп Токо багып алат. Ээрчип келгендин бирөөнө Чакылдак деп, бирөөнө Сабыр деп ат коёт. Бара-бара Чакылдакты эл Чагалдак деп айтып калышкан.
    Токонун багып алган 7 баласы болуптур. Мындан тышкары тактоо, толуктоо иретинде кошумча: Белек Солтоноевдин айтканы боюнча – (Дөөлөсбакты) Дөөлөс калмактын улугуна барса, анын Көкмончок аттуу кызы Дөөлөстү көргөндө сынап, мындан бир өткүр бала тууларын билип, сизге баш кошоюн дегенде Дөөлөс элиме барып камынып келип атаңдан улуксаат сурайын деп кетет. Ошол мезгилде Дөөлөстүн үйүнө чабуулдан түшкөн (кыпчактан же калмактан) Жезбийке деген күңү болгон. Көргөн кишилердин айтуусунда күңдүн жаткан жерине жарык түшчү экен. Дөөлөс үйүнө келип, күңү менен жолугушуп калат. Көкмончокко берген убадасы боюнча барганда Көкмончок көрүп, сөзгө турбаган мурут, антыңдан жаныпсың, мен жанбаймын деп Дөөлөскө баш кошот. Болжолу – 1582-жылга туура келет.
    Жезбийкештин боюнда бар экенин Менсеке билип, жалган жерден менин боюмда бар деп, курсагына кийиз байлап жүрүп Жезбийкеш төрөгөндө анын баласын алып, айтсаң өлтүрөм деп коркутуп, мен төрөдүм деп элге жарыя кылыптыр. Баланын бешик тоюнда балага Манап деп атын койгон. Бара бара Манап - Манап аталып кеткен десе, экинчиси, Жезбийкенин төркүнү Кожонун тукумунан болуп, менин баламды тартып алдың, баланын атын өзүм коёюн деп Манап болсун дейт. болжолдо 1595-1600-жылдары төрөлгөн дейт. Санжыра айткандар ар башка айтышат. Аныгын так айтуучу кийинки жаштардын милдети деп ойлоймун.

         Схема 191. Стр.326

         Схема 192. Стр.327

         Схема 193. Стр.328

         Схема 194. Стр.329

         Схема 195. Стр.330

         Схема 196. Стр.331

         Схема 197. Стр.332

         Схема 198. Стр.333

         КАЛЫГУЛ ЖӨНҮНДӨ:                                                  (түзүмгө)
    Байдын уулу Калыгул 1785-жылы туулган. Оозунда кара калы болгон. Ошого байланыштуу атын Калыгул койгон. Сөөктүү, чоң адам болгондон бир эле чоң ат көтөрчү экен. Эл “кара ооз Калыгул” деп айткан. Бир нерсени алдын ала билген олуя адам болгон. Айткан сөзүн макалдатып, сабырдуулук менен сүйлөгөн. Эртели-кеч эл жыйналып олтурганда же атайы эл каалап чакырган жерде сөзүн айтып келип, кээ бир учурда өзүнчө күңгүрөнүп сүйлөп жатып, анда-санда “ээ ушундай эмеспи” деп оң ийнин бир карап, сол ийнин бир карап койчу. Эл ичинде чыр-чатакты, аласа-бересе доону, элдин мүдөөсүн калыстык менен парасыз чечип келген.
         Калыгулдун сынчы жагы да болгон экен. Учурунда Ормон, Төрөгелди, Жантай үчөө олтуруп: “Калыке, сынчысыз. Кимибизден кандай элдик адам чыгат, ушуну сынап айтып бериңизчи”, - деп сураганда, ал: “Макул, сынап берейин. Ормон, сенин жакшылыгың өз башың менен кетет, сенден эл башкарар тукум болбойт, тукумуңдун арты токой аралап уста болот”, - дептир. Чынында тукумунан камчы сапка жарары болбой, уста болуп кетиптир. “Төрөгелдинин тукуму өз оокатына тың болот, маасысын майлаган соодагерлер чыгаар, эл башкара турган мыкты чыкпайт”, - дептир. “Жантай, сенден аткачырбас боз туулат”, - дейт. Тигил үчөө: “Ал эми өзүңүздөн кандай чыгат?” – деп сурашат. Анда Калыгул: “Менден экөө жанаша чыкпайт, бирөө үзүлбөйт”, - деген. Чынында Калыгул олуя айткандай “Жантайдан Шабдан” баатыр чыккан. Калыгулдун тукумунан Акидей сарысынан Баялы Исакеев, Кененсарыдан-Турдакун Усубалиев сыяктуу эл башкаргандар чыгышты. Бул Калыгулдун анык сынчы экенин далилдеп турбайбы. Калыгул жамактап ыр да чыгарып койчу экен. 1855-жылы 70 жаш курагында каза болуп, Ысык-Көлдүн Бостери айылына жакын көрүстөнгө сөөгү коюлган дейт.
         Үчүкөнүн Маматкулунан Болот бий болуп турганда санчы-сынчыны чакырып: “Менин беш балам бар, булардын кимиси кандай элдик киши болор экен. Сынап бериңизчи”, - дегенде, сынчы макул болуп, балдарын чакыртат. Бешөө үйгө келип турганда, аларды карап туруп: “Булардан элдик киши чыкпайт, булар “беш күрөң” деген эл болот”, - деп сынчы айтыптыр.
    Чынында эле булардан тараган тукумдарын эл “беш күрөңдөр” дешет. Болот: “Андай болсо мага элдик бала төрөй турган аял сынап бергиле”, - дейт. анда санчы-сынчы: “Макул, сынайлы. Элиңди жайлоого көчүр. Биз дөңдө олтуруп, өткөн кыз-келиндерди сынайлы”, - дейт. Болот жигиттерине элди тоого көчүрүүгө буйрук берет. Болот, сынчы экөө дөңдө олтурат. Көч өтө берет. Кыз-келиндер жакпайт. Көчтүн аягы бүтүп калганда сынчы: “Дагы көчө турган элиң калдыбы?” –дейт. Болот жигиттерине: “Эл отурган жерлерди карагыла” - деп буйрук берет. Жигиттери караса жесир аял өгүзгө алачыгын жүктөп жатканын көрүп, жардам берип жүктөп беришет. Бул аял Чагалдактын Таалаке деген жесири экен.
    өгүзүн жетелеп келатып, ээн талаага токтоп түзгө олтуруп, андан кийин өгүзүн жетелеп өтөт. Ошондо сынчы: “Ушул аялдын түзгө олтурган жерин жигиттер карап келишсе болот эле”, - дейт. Болот жигиттерин жиберет. Алар аялдын түзгө олтурган жерин караса, жер бир карыштай оюлуп калганын көрүп айтып келишет. Ошондо санчы-сынчы Болот бийге: “Ушул аялды алыңыз, анык элдик бала төрөп берет”, - дейт. “Бул аял экини төрөйт. Биринчи бала жатын чайкаар сасык күзөн болуп, атын Салыбек коюңуз, экинчи балаңыздын атын Башкойкоң коюңуз”, - деп айткан. Болотбий Таалакени 2-аялдыкка алат (муну эл “Таалаке таркылдак” деп аташкан) .
         Бул 2-аялы биринчи баланы төрөгөндө Болот той берип, санчы-сынчыны чакырып, балага ат койдурмак болот. Сынчы кечигет, эл күтпөй баланын атын Кожошүкүр коюшат. Санчы-сынчы келип: “Олдо кокуй ай, бала атынан бузулган экен, бала элге тирек боло албайт. Айылда кожо болот экен” деп айтыптыр. Чынында кийин кожолук милдетин аткарып калыптыр.
         Экинчи баласынын атын Башкойкоң койгон. Эл жайлоого көчкөндө Таалакеге азоо бээден кармап мингизгиле деп жигиттерге улуу аялы айткан экен, күнүлүк кылып. Эл тоого көчүп, азоо бээ бешикти алдырбай койгондо баланы бешиги менен журтка таштап, көч менен кошо барат. Болотбий “Бала кана?” деп сураганда, Таалаке: “Атага керек болбогон баланын мага эмне кереги бар, азоо бээ бешикти алдырбай, балаң журтта калды” деп жооп бергенде, Болот жигиттери менен журтка барса, бешиктин үстүнөн бөрү туруп кетет, караса баланын оозунан ак көбүк агып, уктап жатканын көрүп: “Балам аман-эсен калды” деп түлөө кылып, атын элге Эсенкул деп жарыялаган экен.
    Болоттун улуу аялынын балдары Таалакеге, балдарына кордук көргөзгөн экен. Кийин Эсенкул 13-14 жашында эл башкарып, жигиттери көбөйүп, аталаш агалары “беш күрөңдүн” жазасын бериптир. Эсенкулдун Шоорук деген баласы үйүндө күң болуп жүргөн казактын кызы Баян дегенге үйлөнүп, андан Нуралы, Мурадил деген балдары болуптур. Ниязбекти “Аткачырбас боз айгыр” деп эл арасында айтышат.

         ОРМОН ЖӨНҮНДӨ БАЯН.                                                  (түзүмгө)
    1790-жылы туулуп, 18 жашынан жоого аттанып, эрдик көргөзүп, 25 жашка жеткенде эл бийлөөгө жетишкен. 37-39 жаш курагында бүткүл арка кыргыздардан өкүл чакырып, Кочкордун аягы Орто-Токойдо жыйын өткөрөт. Ормон жыйынга келген эл менен кеңешпей туруп: “Кыргыз эли бет алды, баш аламан болуп жүрбөй, бир кишиге кызыл тебетей кийгизбейлиби. Ошол киши кыргыз элин башкарсын. Ошол тебетейди ким кийсин, анын атын атагыла?!” – дейт. чогулган эл: ”Сиз болуңуз” – деп Ормондун башына кызыл тебетейди кийгизип, ак кийизге салып, кан көтөрүп коюшкан. Ошол жыйында аскер башчысына саяктын каба уругунан Кетрекейдин Алыбеги, жоо бетине Төрөгелди, кандын акылдашына: Меңизар, Сергеян, Медербек, Жаманжээк, чоң кеңешине Жантай, жигитине Саза дайындалды. Бул мезгилде Кокон, Кашкар кандыгынан, Казак элинен өкүлдөр келип турчу. Келген элчилерди Ормон кан опузалап койчу. Бул опуза сөзүн эл арасында “Ормон окуу” деп атап коюшкан. Соодагерлер Ормондон уруксаат алгандан кийин элди аралап, соода-сатыгын жүргүзүп, Ормонго акысыз буюмдарынан берип кетишчү. Ормондун 30-40 мергенчилери болгон. Мергенчилерди машыктыруучу саяктан – Бердибек, казактан Дада болгон. Ормон намазды окубаган, бозодон, кымыздан, шарап тарттырып ичүүчү. Малдуу бай болгон. Саяк элинен Курманкожо, Кулжыгач тукумдарын эзген.
         Ормон жана саяк элинин жылкыларын алып жүргөн Балбайды колго түшүрүп, орго салып койгон. Балбайды бошотууга бугу элинен келген элчиге бербей, эки жылча кармаган. Акырында Кыдык уруусунан Ормондун кыйбас досу Чынгыш күлүк атын жетелеп келген. Ошондо Ормон ордо жаткан Балбайга: “Ээ чунагым, атка чапсаң, ченеп чабарсың. Эми тынч жүрөсүңбү?” – деп айтса, анда Балбай: “Эл тынч жүрсө, мен да тынч жүрөмүн, эл тынч жүрбөсө, алдын торой чаап жүрөмүн”, - деп жооп кайтарган. Ормон Чынгышты кыя албай Балбайга кийим кийгизип жөнөтүп жибериптир.
         Сарбагыштын эки баласынан тарагандар эки аймакта жашаган. Орозбактын тукуму Ысык-Көлдүн айланасында, Дөөлөстүн (Дөөлөсбактынын) тукумдары: Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Кемин, Чүй аймактагында жайгашкан. Көлдүн аймагы малга ыңгайлуу болгондуктан, айрым учурда жер үчүн чыр-чатактар да болгон. Күндөрдүн биринде ордо ойноп, чыр башталат. Тарап кетишет. Кийин Ормон “Белек уруусуна уу чачтым” деп 500 ирикти “Шыната” деген жерге жайдырып жиберет. Ал ирикти Балбай айдатып келип, элине таратып, союп жеп алышат.
         Муну уккандан кийин шылтоо таап Ормон кол курап, бугу элине кол салат. Каркырадагы “Текенин мүйүзү” деген жерге чейин сүрүп барышат (айрым санжыра айткандар “Текенин мүйүзү” эмес. Балбайдын чоң аталары Теке деген кишинин сөөгү коюлган күмбөзү” деп да айтышат) .
    Балбай Ормонго каршы колун ар кайсы жерге жашырып таштап, өзү “Текенин бейитинен” бир топ кол күчү менен Ормондун жоокерлерине каршы кол салып, кайра артка чегиндире баштайт. Ормондун колу артка чегинип, Жоон-Төбө деген жерге келип токтойт. Ормондун колунун көбү кырылып, өзүнүн аты жүрбөй калат. Ормонкан: “Ээй бугулар, олжо менден артык эмес, кудам Боромбайга кабар кылгыла”, - дейт. бул сөз Балбайга жетет.
    Балбай Ормонканга келип: Ассалоом-алейким, таяке”, - деп саламдашып, табарсыкка найза менен сайып коёт. Ормон оор жарадар болуп жатканда Боромбай келип көрүп, Ормонду уулу өмүрзактын үйүнө алдырып келет. Жарадар жерин кызы соруп, канын түкүрүп турса да жардам болгон эмес деген сөздөр да айтылат. Ормон акыры өлөрүнө көзү жетип кызы Куланга: “Бугу элин чабышты Төрөгелдиге бергиле, Көлдү үч айланып чапсын, ички колду тескөөнү Адылга, кун куунун акылын Шаменге койгула”, - деп керээзин айтып, жылдыз толгон маалда каза болот.
    Бугу эли сүйлөшүп, “Ормондун сөөгүн Буура-Төөгө жүктөтүп, көп киши жиберсек кыргын болуп кетиши мүмкүн” дешип, кызына ЖАйыкбек деген киши кошуп жиберген. Сөөгү баргандан кийин Төрөгелди Куландан: “Бугулардан ким келди?” – деп сураганда: “Аны эмне кыласыңар, бирөө келди да”, - деп атын айтпай: “Балбайды өлтүрө албагандан кийин, кулуна колуңузду булгап эмне кереги бар”, - деп жооп берип, сөөгүн алып келген кишини элине жөнөтүп жиберген. Ормондун куну үчүн Шамен бугу элине: 1) Көл аймагынан чыгып кетишин, 2) 100 кызды аты менен берүүсүн, 3) Болгон кыл куйруктуу малды берүүсүн талап кылган.
         Бул шартка бугу эли макул болгон эмес. Акыры согуш болуп, Төрөгелди Көлдү үч жолу айланып чабат. Төрөгелди колго түшүп, Балбайдын колунда 3 жыл турган. Сарбагыштан кишилер келип сүйлөшкөндөн кийин Төрөгелдини жөнөткөн. Бугу эли Төрөтайды Тезектөрөгө берип, ал аркылуу Орустан кол-жардам алышып, Ормондун өлүгүнө кун берилбей калган деп айтылат. Ормон 1790-жылы туулуп, 66 жашында өлгөн деп айтылат.

         Ормон жөнүндөгү баянга толуктоо.
         Казактын баскынчы ханы Кененсары, Норузбайды жок кылган эрдиги үчүн Орус падышасынан сыйлыкка алтын кылыч алып, Ормон күчөп турган кези болучу. Ордо үйү Орто-Токойдо болгон. Жыйынга: 1) Чоң-Кеминден Жантай, 2) солтонун акими – Жангарач, Шоорук бий, 3) бугунун акими Боромбай, Мураталы бий, 4) Таластан аким – Кубатбек, Бөрү баатыр, 5) Алайдан – Алымбек датка, 6) Олуя-Атадан казактын бийи Супатай, өтөгөн баатыр келген. Келген элдин ортосунан атасы Ныязбек агалары: Шамен, Бердибек, Бердикожо, Субан, Ажы, инилери: Төрөгелди, Жантай, Рыскулу, Ырысбек, Алтыбек, Шатен, Абыхан, Адыл. Уулдары: үмөталы, Чаргын орун алган.
    Ормон элди карап: “Бүгүндөн баштап кыргызда кызыл тебетей бирөө болот. Муну кийүүчүң барбы?”, - деп алдында турган кызыл манат тышталган сүлөөсүн тебетейди сөөмөйү менен көрсөткөндө: “Сиз кийип алыпсыз, сиз эле болуңуз”, - деди Жангарач. “Сизден бөлөк киши деле жок”, - деди Боромбай. Жигиттер тебетейди кийгизип, ак кийизге олтургузуп – хан дешип, үй жолу өйдө көтөрүп, элди 7 жолу айлана басып келип, кара кой союп, канына колдорун матырышты. Мунусу – иши караны жазаласын деп эрк берген ырымы болгон. Кийин ак боз бээни союшту. Ормон кыргыз элине кан болду.
         Хан болушуна нааразы: Алымбек, Кубатбек, Жанкарач Жантайды ээн чыгарып алып, Ормонду жамандап сүйлөшкөн Мураталынын сөзүнөн пайда чыкпады. Боромбай Ормондун хан болушун кубаттады. Кызын баласына үйлөнттү. Боромбайдын ат кашчусу Сарт кыркка барып калган узун бойлуу, ак жуумал, маңдайы жарык, сөзмөр, куйма кулак киши болуптур. Санжыраны жакшы билген экен.
         Боромбай балкайган толук, ак киши, токтоо экен.
         Мураталы – арыкчырай, карасур сулуу, өкүм киши экен.

         ОРМОНДУН АТАСЫ НЫЯЗБЕКТИН ӨЛҮМҮ                                                  (түзүмгө)
         Ныязбек кышында Ысык-Көлдүн аймагында каза болуп, ал жерге коюлбай аманат сакташып, кар кетип бел ачылганда Атайкеден өзбек усталарын алдырып, көрүстөндүн кеңдигин 8 канат үйдөй казып, астын, капталдарына бышкан кирпичтен каптатып, Ныязбектин сөөгүн булгаары менен каптап, алдына ак кийиз төшөп, Чоң-Кеминдин оюна көрүстөнгө коюлган. Көрүстөндү айланта 1 га жерге бышкан кирпичтен коргон салышкан.
    Ормон атасынын ашын 1843-жылы берип, кыргыз, казактан кишилер көп келип, оюн-зоок, кечелер болуп, ат чабыш да болгон. 150 ат чабылып, 50 атка байге коюлган. Аттын биринчи байгесин Бердикожонун аты чыгып алган деген сөздөр айтылат. Маматкулдун экинчи уулу Темирдин баласы Черикчи мергенчи болуптур. Күндөрдүн биринде мылтык, жаасын асынып, калкандарын канжыгасына байлап, тайгандарын ээрчитип мергенчиликке баратып, иниси Назардын үйүндө жашаган апасынан кымыз ичип кетүүнү ойлоп үйгө кайрылат.
    Назар Черикчинин келгенин билип апасына: “Апа, кирпичечендей шалдыратпай мунуңду кетирчи”, - дейт. Инисинин айткан сөзүн Черикчи угуп калат. Апасы кымызды көөкөргө куюп, үйдүн жанына көк чөпкө олутуруп, уулу Черикчиге кымыз берет. Черикчи кымызын ичип олтуруп, апасынан: “Апа, эмне дейт Назар уулуң?” – деп сурайт. Анда апасы: “Ээ, балам, менин көзүм тирүү кезинде бул үйгө экинчи келбей эле койчу” деген. Ошондо Черикчи инисине: “Түтүнүң жетиден ашпасын, ашса бири менен бири биригишпесин”, - деп батасын бериптир. Чынында Назардын тукуму аз болуп, көрүнгөн жерге жайгашып калган дейт.
         Черикчи мергенчи болгондуктан туугандарын кайберендин эти менен камсыз кылып туруучу. Бул мезгилде үчүкөнүн тукумунун көпчүлүгү Чүйдүн Кегети, Шамшы, Кызыл-Суу аймагынан орун алышкан. Кийин Тянь-Шань тоолорунун ыңгайлуу жерлерине жайгашкан.
         Черикчи үйлөнгөндөн кийин, аялы кош бойлуу болуп калган мезгилде, Кегетинин тоолорунда мергенчилик кылып жүрсө алдынан бир ажыдаар жолугат. Аны бир топко чейин аңдып жүрүп атып өлтүрөт. Союп, өтүн алып үйүнө келсе аялы төрөптүр. Айылдагы туугандары ырымдап, баланы ажыдаардын өтү менен оозандырып коюшат. Черикчи ажыдаарды аткан Кегетидеги жерди ушул күнгө чейин “Ажыдаар булак” деп айтылат. Бул эркек баласына ат койдуруу үчүн Черикчи той берип, Жумгалда Абайылда деген мергенчи досун чакырып, балага ат коюуну ыйгарат. Досу – экөөбүз кыяматтык дос элек, балаң унутпай эстей жүрсүн үчүн өз атымды коюп берейин. Балаңдын аты “Абайылда болсун” деп бата бериптир.
         Черикчинин 2-аялы казак кызга үйлөнгөнү заманында кыргыз-казактын ортосунда той-тамаша болуп келген. Ошондой тойдо казак элинен сайышка бир жигити чыгып: “Кана кыргыздар. Найза сайышка жигит чыгаргыла” – деп шаштырат. Кыргыздан даап чыкпайт. Ошондо Черикчи Атаке баатыр бийге келип: “Мага батаңызды бериңиз, мен сайышка чыгам” деп кайрылат.
    Атаке казактын кебетесин көрүп: “Буга тең келип чыкпай эле койсоң боло” десе, Черикчи болбой коёт. Атакеден бата алып, сайышка чыгат. Качырып келе жаткан казак жигиттин найзасын Черикчи колу менен түртүп жиберип, казак жигитти аттын үстүнөн жулуп алып, өңөрүп, улак баскандай алдына басып алат да, түптүз Атакени көздөй чаап бара жатканда: “Эй карагым, жанымды аман кой, эгерде жанымды аман койсоң, сага миң кой, 100 жылкы, бир кызды аялдыкка үй көтөрүп, бир кызды күң, бир жигитти кул кылып берем”, - дейт.
         Черикчи казакты өңөрүп келип: “Сизге олжого бердим” дейт. анда атаке: “Мен ыраазымын, эрк өзүңдө, эмне кылсаң да өзүң бил” деген экен. Ошондо Черикчи: “үч күндүн ичинде айткан убадаңды аткар”, - деп казак жигитти коё берген экен. Казак жигит убадасын аткарып, келген казактарды кыргыздар тосуп алып, салт боюнча коноктоп, куда-сөөк катарында узатышат.
         Ошол 2-аялдан: Карабай, Манапбай – эки балалуу болушат. Булардын тукумдары Кочкордогу Күн-Дөбө, Карасуу айылында жайгашып калышкан.
         үчүкөнүн Маматкулунун 2-аялынан Андагул, Көккөз, Берик балдары түштүктөн соодагерлер кербени менен келе жатса, жолдон аларды тоноп, баалуу буюмдарын талап алышкан.
         Муну билип айыл аксакалдары балдарды катуу урушуп, акылдарын айтып, соодагерлерди мүмкүн болушунча ыраазы кылышып узатышкан. Ошондо соодагерлер: “Тукумуң кыркка жетпесин, кыркка жетсе да ынтымагы жок болсун” деп бата бериптир. Чынында булар Кожонун каргышына калган, өздөрү арбын тукум болсо да ынтымагы жогураак, чачырап жашап жүрүшөт деп айтылат. Ошол себептен буларды “кырк уруулар” деп айтып калыптыр.
         Андагул, Бериктин тукумдары негизинен Кочкордун Молдо Кылыч, Чүйдүн Чапаев, Ак-Бешим, Кең-Булуң айылдарында жайгашкан. Көккөздөн тарагандары: Кең-булуң айылында, Ткомок шаарында турушат.
         Маматкулдун бул 2-аялы акылман, калыс аял болуптур. Ошондон “Ала-Тоо байбиче” деп атап коюшчу экен.

         ҮЧҮКӨНҮН КУДАЯНЫ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         үчүкө, Түлкү Жаңыл мырзадан өлгөндөн кийин Түндүк кыргызды Кудаян бийлеп калат. Кандык доорду катуу жүргүзгөн кан Кудаян калмактын коркунучунан Сыр-Дарыя жакта туруктуу жашоо үчүн элин ошол жакка күч менен көчүрүп кеткен. Кудаян кан санчы-сынчыга: “Мени сынагын” деген экен. Сынчы: “Жок, мен сизди сынабаймын. Эгер мен сизди сынасам, сизден сыр кетет, менден сын кетет” деген. Бул жоопко Кудаян макул болбой, сынатат.
    Ошондо сынчы: “Сенин элиңдин жарымы Сыр-Дарыянын ары жагында, жарымы бери жагында калып өзүң алачыкта калып, андан бутуң чыгып өлөсүң” деген. Бул сөздү укканда Кудаян сынчыны башка камчы менен тартып жиберсе, анын койнунан ак коён ыргып кетет. Ошондон кийин Кудаян кандан сыр кетип, Кудаяндын элинин жарымы Сыр-Дарыянын ары жагында, жарымы бери жагында калып, Кудаян чөп алачыктан буту чыгып жатып өлгөн экен. Кийинчерээк Кудаяндын тукуму Тоголок деп аталып, алардын көпчүлүгү түштүктөгү өзбек, кыргыздардын арасында бириндеп жашап калышкан деп айтылат.
         Маматкулдун баласы Болот момун Теңири тың чыгып, агасын сыйлап, Болотту бий коёт. “Бирок мага кеңешпей, өзүңчө ишти чечпегин” дейт. болот инисинен ыйба кылып, келген сайын ордунан тура калчу экен. Болоттун баласы Эсенгул бир күнү: “Сиз дайыма иниңизге дайым ордуңуздан тура каласыз, өзүңүз улуу болсоңуз да”, - деп айтат.
         Күндөрдүн биринде кеңешпей туруп Темирге каршы чечимге мөөрүн басып берип коюптур. Муну Темир билип, Болоттун үйүнө келип, мага кеңешпей мөөрүңдү эмнеге басып бересиү деп жемелесе, Эсенгул жарма ичип олтурган аягы менен Темирди башка бир коёт. Темир башын тазалап алып, Болот сен балаңа акыл үйрөтүп, мени урдурдуң.ю жүзүңдү кыяматта көрөм деп, Карачорону туугансып Кегетиден Арстанбапка көчүп кетет.
         Темирдин балдарынан Назар тың чыгып, барган жердеги элди бийлеп алат. Бийликтин күчүнө салып бир мырза менен эрегишип, мазар даракты кыйдырмак болгонун ата-эне, агасы угуп, койгун десе болбой, бир жигитине кый деп буйрук берет. Жигит аргасыздан балта менен бир чапканда – кан чыгат. Экинчи чапканда – сүт чыгат, аны жалап ичет. Акыры даракты кыят.
         Эл жайлоодон түшкөндө мазар кыйылган жерге бир ажыдаар пайда болуп, кезиккен мал-жанды арбап соруп, жута берет. Мергенчи Черикчи ажыдаарды жоготууга бел байлап, аңдып келип дүрбү менен карап отуруп, уйкуга киргенде, жакын келип эки көздүн ортосун мээлеп атат. Жыгылгандан кийин дагы бир атып, ырым кылып оң кулагын кесип алып келе жатса жолунан Жаныбек деген баласы, апам эркек төрөдү деп сүйүнчүлөйт. Черикчи үйүнө келип, ырым кылып кулакты бышырып, бир бүдүрүн эзип, жаңы төрөлгөн баласын оозандырат. Ошол баласы Абайылда экен. Темир өлгөндө Назар Болотко кабар берет.
    Карып калган жана ооруп жатып бара албай калган. Болот өлөрүндө баласы Эсенгулга – мен өлсөм, сөөгүмдү иним Темирдин жанына кой деген. Кийин Болот өлгөндө Эсенгул сөөгүн жүктөп барган. Назар тосуп алып, өлүк сыйнагын жасаган.
         Эсенкул Назар экөө сүйлөшүп, Назарды көчүрүп келип Шамшынын башына Талаа-Булак деген жерге кондуруп коюп, үйүнө кетип баратып Эсенгул (Назарды сынап – адамдын сырттаны экен. Элге барса улуурак экен деп, эл бийликти буга берет ко деп ойлонот) өрүлүктөбөй койгон. Назар эки жумадан кийин барса Эсенгул мергенчилеп кетиптир, аялы киши катары эсептебей, түзүк жоопко келбегенде, Назар бул аялды сабап, кетип калган. Ошол бойдон көрүшпөй өткөн деп айтылат.
         Акыры Эсенгул ооруп жатканын угуп, көрөйүн деп Назар барат. “Кандай. Жакшы болуп калдыңбы?” – деп сураса: “Сен Назарсыңбы. Мени айыксын дебей эле, өлсө ушул элди сурасам деп келдиң го” – дейт Эсенгул. Эсенгул өлгөндө бүт сыйнатын Назар башкарат. Ниязбекке кеңешпей үч жыл бийлик жүргүзөт. Мүнөзү каардуу бий болуп, Болоттун тукумуна дайыма каршы болгон деп айтылат. Назар ооруп жатканын угуп Ныязбек жигиттерин жыйып, айылын чапкыла деп айтыптыр деген сөз да бар.
         Назар жөнүндө дагы бир сөз: Кочкордун Каракол деген жеринде мазардын жанына тиккен кайың болуптур. Назар сопуга: “Ушул мазардын жанындагы кайыңды кыйып ташта” – деп буйрук берген. Сопу айласы кетип: “Кыйайын дейм, мазардан корком, кыйбайын дейм, Назардан корком, кечир күнөөмдү, Кудай таала” деп кайыңды бир чапканда кан чыгып, экинчи чапканда сүт чыккан. Ошондо сопу кайыңдын сүтүн ичип жатып бата берген экен. Ушундан Назар мыкты чыкканы менен акылсыз болгондугу билинип турбайбы деген сөз да айтылат.
         Дөөлөстөн (Дөөлөсбакты)-Манап-Сүтөй-Сарсейит-Түлкү-Тынай.
         Түлкү жетилип, Таласты карай жортуулга барып, ал жердеги чабуулдан түшкөн мал-жанды айдап келе жатса, алдынан сауу уруусунан куурай терген бир топ кыз-келиндери жолугуп калат. Булардын арасында Деркен аттуу өңдүү-түздүү сулуу кыз бар экен. Түлкү бул кызды сүйүп, аялдыкка алууга сөз козгойт да, ушул жолуккан жерден алып кетүүнү сунуш кылат, бирок кыз макул болбойт. Ал: “Мен каршы эмесмин, үйгө барып кийим-кечемди кийишим керек” деген сөзүнө Түлкү болбой эле ала качып, үйүнө алып келген. Атасы Сарсейит келиндүү бодум деп той кылып, Түлкүгө өргө көтөрүп берет. Жыл айланып, келин эркек бала төрөйт. Түлкү той берип, баласынын атын Тынай коёт.
    Мезгил келип эл жайлоосу Соң-Көлгө көчүп калат. Айыл арасында айтылган сөзгө караганда Деркен менен кайын энеси анча келише албай жүрүптүр. Көч жөнөгөндө келини атка минип, жерде бешиктеги Тынайды алып беришин кайын энесинен сураса, алып бербей коёт. Анткени кыргыздын шартында атка биринчи улуу кишилер минүү керек. Деркендин ачуусу келип, ат үстүнөн эңкейип, бешикти бала менен эңип алып бастырып кетет. Ушундан Түлкүнүн энеси кекенип, келинди жамандай берет.
         Ал учурда кыргыз жеринде соодагерлер көп жүрүүчү. Күндөрдүн биринде келини бир соодагер менен сүйлөшүп турганын кайын энеси көргөн экен. Ушундай шылтоолорду кошуп, баласына жамандап айта берип, Деркенди кетиртет. Түлкү энесин кыйбай төркүнүнө Деркенди Таласка жеткирип берет. Ошондо Деркен кетип жатып Тынайга имерилип: “үчүкөнүн үч уулу, үч үчүкө болоорсуң, жалгыз Тынай кулунум, сенин айлаң не болор” деп айткан экен. Төркүнүнө баргандан кийин саруунун беш берендин тукумуна тийип, андан: Шербото, Нарбото деген баланы төрөптүр деп айтылат.
         Түлкү агасы үчүкө, жолдоштору Атакозу, Чабак, Жаңылмырзаны аялдыкка алуу үчүн барса, Жаңылмырза атасы менен мергенчиликке кетиптир. Аны күтүп, кечиккенде Түлкү айылдын четин чаап, жылкыларын айдап, Кытайдын какшаалынын ийри жарымынын түбүнө барып, эс алып жатышат. Кокус душман басып калбас үчүн үлбүрчөк, Дөнгөйдү куралы менен кароолго коёт. Жаңылмырза атасы экөө айылына келсе, Түлкү күтпөй айылдын четин чаап, жылкыларын айдап кеткенин угуп, атасы экөө Түлкүнүн артынан кууп келип кароолдо тургандарга жолугуп: “Мен Түлкүгө кантип куралсыз барам” деп экөөнү алдап өлтүрүп, куралдарын алып Түлкүгө баргыча, анын тайганы барып, жардан көрүнгөндө, Түлкү: “Баягы канчыктын тайганы” деп айткан экен.
    Ошол мезгилде жардын башына келип калган Жаңыл менен атасы Түлкүнүн: “Канчыктын тайганы” деген сөздү даана уккандан кийин атасы кызына кайрылып: “Ат буларды, өлтүр” деп айткан. Жаңыл мырза атасынын сөзүн укмаксан болуп, аларды атпай сынап турганда, атасы кызына таарынып: “Кызды бала деген киши оңбосун” деп кайрылып бастырып кетет. Ошондо Жаңыл мырза “канчык” деген сөзгө намызданып, алар менен чабышып, колунун көптүгүнөн үчүкөнү, Түлкүнү, Атакозу, Чабакты өлтүрүп коёт. өзү сүйгөн Түлкүнүн өлгөнүнө өкүнүп, кылмыштуу болгондой, элин уюштуруп, өлгөндөрдү жакшылап көмдүргөн экен.

         ТҮЛКҮНҮН УУЛУ ТЫНАЙ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         Тынай жаш кезинде энесинен тирүүлөй жетим калып, чоң ата-энесинин колунда жарым жетим болуп чоңоёт. Кийин үйлөнүп, оокатын өткөрөт. Анын бир бээси, бир төөсү болгон. Булар төлдөп, сүтүн кымыз кылып ичип күн өткөрөт. Күндөрдүн биринде Тынай кишилери менен дөңдө олтурса, бутунда боосу бар, куйругунда коңгуроосу бар бир шумкар учуп келип, аларга жакын жерге конгонун Тынай байкап, балдарга айтып, карматып алып багып жүрөт. Шумкар кыраан болуп чыгат.
    Бир күнү өзү да, аты да арык бир жигит келип калат. Саламдашып, учурашып, Тынай анын абалын сурап: “Ии балам, атың да, өзүң да арык, чарчаган көрүнөсүң, алыстан келе жаткансың го, жайыңды айтчы”, - дейт. “Мен да бир хандын баласымын, сейилдик кылып куш салып жүрүп шумкарымды качырып жиберип, нечен күндөн бери ошону издеп жүрөмүн, жолдо кыйналдым. Ошол шумкар кушту көргөндөр айтса жакшы болор эле”, - дейт. тынай: “Шумкар куш табылар балам, андан көрө жүрү үйгө, тамак ичип эс ал, абдан кыйналган экенсиң, атың да эс алсын”, - дейт.
         Ошентип шумкар куш издеген баланы конок кылып Тынай сүйлөшүп олтурса, үйүнө дагы бир Кыдыр молдо келип калат. Аны да кондуруп, конок кылат. Ал молдонун Кыдыр экенин Тынай билбейт эле, бир бечара молдо көрүнөт деп кондуруп калган экен.
         Тынай үйүнө эки конок конуп жаткандан кийин аялына: “Буларга мал союп конок кылалы”, - дейт. Майда мал болбогон соң, кулунду соёюн деген оюн айтат. Анда аялы: “Кой, кулунду сойгондо бээ байып кетип кымызы жок калабыз, андан көрө тайлакты сой, терисине чөптөн толтуруп, тайлак кылып телип коёбуз”, - дейт. ошентип тайлакты союп, үйүнө конгон конокторун сыйлаптыр. Эртеси чайланып, жөнөй турган болгондо: “Башыңа ырыс бакты консун да, ал укум-тукумуңдан кетпесин” деп бата берген экен Кыдыр.
    Тынай ал молдону жөнөтүп коюп, кайрылып бир аз басып кайрылып артын караса, баягы молдонун карааны да, дареги да жок. Кайып болуп көрүнбөй кеткен. Бул молдо менен кошо конгон бала: “Бул сизге түшкөн Кыдыр, мындан ары сизге таалай-бакты конот”, деп айтып, ыраазычылыгын билгизип, шумкар кушун алып кетет. Шумкардын учуп келгендиги жөнүндө аксакалдар: “Шумкардын учуп келиши Тынайга Кыдырдын келиши” деп айтышчу экен.
         Бул окуядан кийин көп узабай Тынай балалуу, малдуу болуп, эл башкарып, кадыр-баркы өсүп, кыргыз элине белгилүү боло баштаган. Кийин Тынайбий Галдан контайжчинин бийлигинин учуруна туш келгени, болжолдо 1673-жылы Талканбий, Тынайбий Чүйдөн Анжиян, Алай, Көлөп, Аксы түштүккө ооп кетиши айтылат. Талкан, Тынайга Бердике берен теңтушураак көрүнөт. Документтер боюнча 1733-жылы Бердике берен 80ди чамалап калган сыяктанат. Бул божомолдоого караганда Талканбий, Тынайбий, Бердике берендер 1733-1653-жылдардын ары-бери жагында төрөлүп, өз ара айырмасы болуп жашап өткөндөй байкалат.
         Бердике, Тынай 1758-жылга чейин көз жумушат. Кытай летописинде Маматкул 1758-жылы 90до деп жазылган. Буга караганда 1668-жылы туулган болот. Кошой – 1755-жылы 85 жашында өлгөн дейт (1670-жылы туулган болот) .
         Тынайдын Сокур аттуу баласы төрөлгөндө башка балдарындай эле төрөлгөн. Бирок кыркы чыкканга (кырк күн) чейин көзүн ачпай, кыркы чыккандан кийин көзүн ачыптыр. Ошого байланыштуу аты “Сокур” деп коюлуптур деген сөз бар. Кеминдин Калмак-Ашуу айылында Бекмурат, Арзыкул, Ырыскулдун тукумдары жашайт. Бардыгын сокур тукуму деп коюшат. Калмак-Ашууда: Саяк, Азык, өзүк, Абыла, Мундуз тукумдары да бар. Булар куда-сөөк болуп, ынтымактуу жашашат. Чагатай, Болоттун тукумдары Бишкектин үстүндөгү Башкарасуу айылында отурукташкан.
    Чордон уулу Кыдырбек кыргыз эл артиси. Казакбайдын балдарынын тукумдары Калмак-Ашууда, Боролдойдо жашашат. Бир учурда жоо менен чабышууда Нарботонун шыйрагы сынып, сынган бутун аттын капталына таңып алып, чабышууну улантып, жоону жеңип чыгат. Нарботонун баласы Баба 1872-жылы туулуп, 1930-жылга чейин Бишкекте жашаган. Орус тилин билгенден Бишкекте фельдшердин тилмечиси болуп иштеген. Туугандарынын окуган балдарына көп жардам берген экен.

         Тынайга толуктоо, кошумча.
         Тынай бий Исарга киргенде, кайта келгенде 7 үйлүү киши кабакта турган экен. Ошол жердин аты азыркы Кара Чүйлү карман түз деген – Кара Чүйлү кармай түш деген туурасы.
         7 үйлүү адамды бир ботолуу төөсү бир чүйлү менен багып чыккан. Төөнүн сүтүн берип, чүйлүгө кекилик-чил алдырып, этин берип деп айтылат (Т.Э. № 3-т. 45-бет). Тынай менен Сырдыбай (саруу уруусу) экөө бел куда болот. Балдары төрөлө электе Тынайдан Атаке, Сырдыбайдан Бердике (Берен баатыр), Алтынай (кызы). Атаке, Алтынай чоңойгондон кийин убада боюнча үйлөнүшкөн деп айтылат. Тынайбий, Атаке, Сатыбалды менен Анжиандын тегерегине жайлап, дыйканчылык да иштеген окшойт, анткени Анжиандын жанында “Тынай арык” деген арык бар экен (Ш.К. 16-бет) .
         Жообасар жөнөкөй адам болуп, мүнүшкөрлүк кесипти жакшы көргөн. Кыргый, куш, ителги, бүркүт кармап, аны таптап салып, Шамшы өрөөнүндө жашоочу экен. “Жообасар” деген жайлоосу ушул күнгө чейин анын атында айтылган. Балдарга бешик да жасаган. Кимге керек болсо, кыргый, куш, ителги, бүркүт, бешикти атайы издеп келип Жообасардан алышчу экен.
         Жообасардын байбичеси кырктан ашканча төрөбөптүр. Экөө баласыз өтөбүзбү деп кайгырып жүрчү экен. Атакенин байбичеси эркек төрөп, баланын атын Таштанбек коюптур. Бешик тоюна барышыптыр. Бир күнү Жообасар байбичесин Атакенин үйүнө жиберет. Таштанбек уулун сурап кел, бала кылып багып алалы деп. Барып жеңеси менен учурашып, чай ичкенден кийин: “Жеңе кайниң жиберди, байкем менен жеңемден Таштанбек уулун сурап кел, багып бала кылып алалык, бул дүйнөдөн баласыз өтпөйлү дегенинен келип калдым”, - деп айтат.
         Атакенин байбичеси угуп секирип: “Бербей калайын баламды. өзүң бала төрөп ал”, - деп абысынын көңүлүн оорута жооп бергенде, Жообасардын байбичеси эшикке чыгып, атына минип кетип баратканын дөңдө отурган Атаке көрөт да: “Эмне бул келиним тез эле кайра жөнөп калды. Муну билейинчи” деп ойлоп, бастырып бараткан келинин чакырып алып: “Оой балам, тез эле кайра жөнөп калдың”, - деп сурайт. Анда келини: “Иниңиз жиберди эле аке, барып жеңем менен байкемден Таштанбек уулун сурап кел, бала кылып алабыз деп. Жеңеме айтсам, баланы бербейм деп койду, кайра кетип баратам” деп жооп берет. Бул сөздү уккандан кийин Атакенин ачуусу келип: “үйгө тартчы атыңды” дейт да, өзү баланы ороп-чулгап, келинине өңөртүп жөнөтүп жиберет.
         Ошентип Таштанбекти Жообасар байбичеси экөө бала кылып, багып чоңойтот. Таштанбек өрттөй курч жигит болот. Күндөрдүн биринде Жообасар Шамшынын ичинде турганда Таластык саруу уруусунан 5-6 көпкөн жигиттери Шамшынын белин ашып баратып Жообасарларды байлап, алып кетишет. Бул учурда Таштанбек талаада ойноп жүргөн экен. үйүнө барса энеси беш-алты жигит атасы Жообасарды байлап, алып кеткенин айтат. Таштанбектин ачуусу келип, атасын издөөгө бир топ жолдошторун ээрчитип, Шамшы белин ашып, Кочкордун Кара-Колун өрдөп, Суусамыр өрөөнү менен жүрүп Таластын башынан бел ашып, бир айылга келсе, боз үйдүн жанында байланып жаткан атасын көрүп, кучактап көрүшөт.
         Таштанбек атасын бошотуп, саруу менен кушчулардын ташын талкан кылып, үч жолу чаап, бир топ саруу-кушчуну кул кылып, мал-жанын айдап келгенин аксакалдар айтат.
         Таштанбек үйлөнгөндөн кийин, багып алган энеси Станбек, Ыйбак, Балбак деген үч уулдуу болгон экен.

         КАЛПАК (БААТЫР) ЖӨНҮНДӨ.                                                  (түзүмгө)
    Бул ага-туугандары менен Бишкекте БЧКнын аймагында жашап турушкан. Көктөмдө эл жайлоого көчө баштайт. Калпак: “Силер көчө бергиле, казактар бизге кол салганы турат. Мен ок куюп, мылтыкка дары камдап алып, артыңардан көчүп барам” деп айткан экен. Калпактын жанында Таластын саруу тукумунан Каратай деген мергенчи калган. Каратай ошо жылы өз элинен эр өлтүрүп, Таластан качып чыккан баатыр мергенчи келип, Калпак менен бирге туруп калган. Экөө бир чаначтан ашуун ок куйган.
    Ошондо Каратай мергенчи Калпакка: “Ушунча ок туруп душмандан качкан киши эмне болсун?” – деп суроо бергенде, Калпак: “Анда ал киши аялынын дамбалын башына чалып алсын” деген жоопту берген экен. Көп узабай казактар кол салып келип, экөө аларга каршы ок ата баштайт.
    Казактын колу көп экенин билип, Калпактын аялы күлүк атты токуп алып келип: “Байым, атка минип чыга бериңиз, катын карга, бала сагызган, кайда калбаган катын-бала, жоо калың көрүнөт” десе, Калпак баатыр найза-кылычын кармай, аттын үзөнгүсүнө бутун салганда, Каратай чуркап келип: “Ой, баатыр, бул кылганыңыз кандай. Калпак катын-баласын, мал-мүлкүн, айылын жоого таштап, кармаша албай качып кетиптир деп эртең эле айтса, анда алардын бетин биз кантип карайбыз.
    Кырылган катын-баланын убал-сообу биздин мойнубузга наалат болуп калат”, - дегенде, Калпак баатыр кайра аттан түшүп, айылындагы катын-баланы өз үйүнө жыйып, төөлөрдү тосмо кылып тегерете чөгөрүп коюп, өзүлөрү үйдүн ичине олтуруп алышып, жоого каршы ок атыша беришет. Ок түгөнгөндө кыз-келиндердин шуру-мончокторун дүрмөттөп ата баштайт.
         Көрсөткөн каршылыкка карабастан Кененсарынын колу кирип келди. Бул чабуулда Калпак 18 жаштагы иниси Мамбетти: “Туу кармаган жоокерди ат”, - деп буйрук берет. үч жолу атат, бирок туу кармаган жоокерге тийбейт. Калпактын тууганы Түлөкабыл чабуул жасап, бир аз артка сүрөт, бирок Калпак баатырга 19 жерине ок тийип кайтыш болот. Мындан башка 37 жигитинен ажырайт. үчүнчү чабуулда 28 жигитинен ажырайт. Түлөкабылдын бир кулагын ок алып кетет.
         Канчалык каршылык көрсөткөнгө карабай казактар айылга кирип келип, мыкачылык менен балдарды мууздап, аялдардын ичин жарып, сулуу кыз-келиндерди олжого алып, козулардын арасында жашынып жаткан Субанбекти таап алып, жүрөгүн сууруп алышып, оозуна тыгып кетишкен.
         Ошол мезгилде Норузбай баш болгон кол Төрөгелдинин айылына жөнөгөн, аларга Төрөгелди беттешип, черик уруулары жардамдашып, казактардын 180дей жигиттери менен салгылашкан. Бул кабар солто-сарбагыш уругуна жетет. Алар кол жыйнап, казактарга каршы кармашып, Кененсары-Норузбай туруштук бере албай кайра качкан экен. Кененсары менен Түлөкабылдын чабуулуна катышкан Ормонбек жарадар болуп үйүнө келсе, көгөндүн арасында өлүп жаткан агасы – Субанбекти көрөт.
    Жаны ачып, үйүнө кирбестен душмандан өч алам деп Таштанбектин болот кылычын алып, качкан жоонун артынан кууп жүрүп Кенесарыга жетип, ал: “Кара болсоң жүрө бер, ак болсоң токто” дегенде, Кененсары бурулуп, кылычын сууруп калган экен. Ормонбек кылыч менен шилтеп жибергенде, Кенесарыга тийбестен тердигин таарып кеткен. Кененсары кайрылып кылычын шилтегенде Ормонбектин чекесине тийип, эси ооп барып кайра оңолот. Ошол жаракатынан кийин Ормонбек тумандан адашып, Чүйдүн жээгиндеги камышка келип, аттан жыгылып, кансырап жатып калат.
         Аны казак жоокерлери көрүп, өлтүргөн деген сөз бар. Калпак өз элин душмандан коргоп, өз башын өлүмгө берген. Каратай мергенчи өлүктөрдүн арасына жатып калат, казактар көрүп, өлгөн экен деп кете беришет. Бир маалда Каратай башын көтөрүп турса жымжырт, эчким жок. Жайнаган өлүк, Калпак өлүп, үч бөлүнүп жатканын көрөт да жайлоого барып, болгон окуяны Жунус Түлөкабылга айтат. Эл келишип, Калпактын сөөгүн ошол жерге, азыркы Бишкек шаарынын (БЧКнын) аймагына коюшат. 42 жашында өлүптүр.
         Кийин Кененсары, Норузбай колго түшкөндө Кенесарыны Атаке тукумдары өлтүрүптүр. Мурунку жылы Кенесарынын колунан өлгөн Ормонбек, Субанбектин иниси Тайсары Таштанбектин болот кылычы менен шилтегенде Кенесарынын башы ыргып кетиптир. Жесир катындар келип кулактарын кесип, ыргытып жибериптир. өлүгү Кызыл-Суунун Алмалуу коктусунан орто бөксө тоосуна коюлган. Имиш жашы 45 чамасында болгон.
    Норузбайын Жунус менен Түлөкабылга бериптир. Калпактан байбичеси – Ботокөз ушунун канын ичем деп ачуусу менен айбалтаны ала коюп Норузбайга шилтегенде, бир колун шылый чабат. Ошондо Норузбай артын караса, балта кармаган аялды көрүп: “Оо пир ай, мени өлтүрө турган кыргызда эркек жокпа?” – дептир. Кийин Калпактын жигити – Түлөбай деген балта менен өлтүргөн. Ошол жигиттен тукум жок деп айтышат.
         Жообасардын тукумунан элге белгилүү Мураталынын уулу-Мамбеталы тың чыгып, арапча окуп, Алматадагы гимназияны бүтүрүп, орус тилин билгенден Токмоктогу, Бишкектеги уезде тилмеч болуп көп жылы иштеген. Ушуга байланыштуу “тилмеч Мамбеталы” деп баркы жогору болгон. Калыс, ак ниеттүү, боорукер болуптур. Ал дыйканчылыкты жакшы көргөн, өзү жашаган жерге түрдүү бактарды отургузуп, бал челекти кармаган.
         Күндөрдүн биринде, эрте жазда Жумгал жактан саяк элинин мыктысы, Шабдан баатырдын энеси Баалынын агалары Байзак баатыр Мамбеталынын үйүнө келип калат. Аны жакшыраак конок кылуу үчүн кышкы согумдан калган сүрсүгөн этти салып бербей: “Жаш козу соёюн” деп, иниси Байтемирди ээрчитип алып, козу издеп айылдагы саяк Күрөңкойго келип: “үйгө сый конок келип калыптыр, сенде күрпөң козу бар дегенин угуп сурап келдим.
    Ордуна козулуу кой берейин, козуңду бере тур”, - десе, Күрөңкой бергиси келбей: “Маке, козум ургачы эле, мал кылайын дедим эле, бере албайм” деп жооп айтканда, Байтемир: “Козуңду Мамбеталыга бербей кимге бермек элең?” - деп Күрөңкойду камчы менен чаап жиберген. Аны көрүп Мамбеталы ачууланып: “Сен бирөөнүн малын зордуктап алмак белең шишко”, - деп Байтемирди камчы менен чаап жиберип, бастырып кетип баратса, артынан бир жигит келип: “Ава, менде жакшы козум бар, сизге бекер эле берейин, аялым экөөбүздүн балабыз жок, бизге батаңызды эле берсеңиз болду” дегенде, Мамбеталы: “Чакыр андай болсо келинчегиңди” деп, экөөнү күн батышты каратып туруп: “Келерки ушул маалга чейин эркек балалуу болгула” деп батасын берип, козусун алып сый коногун сыйлап жөнөтүптүр.
         Айткандай 9 айдан кийин Кудайдан болуп, баягы жигит-келин эркек балалуу болуп түлөө өткөзүптүр. Күрөңкой кемпири экөө баласыз өтүптүр. Мамбеталынын калыстыгы, касиеттүүлүгү ушундан билинген.
         1916-жылы Козголоңдо Мамбеталы элине: “үркпөгүлө туугандар, орус эли менен тил таап элдешебиз” дейт. буга карабастан башка кыргыздар орустун күчүнөн коркуп качканда, Кегетидеги кыргыздар да үркүп, Тянь-Шань тоолорун аралап качып, өлүмгө дуушар болушкан.
    Кыргыздар кеткенде Кегетини орустар ээлеп, там салышып, Кегети айылын Подгорный деп ат коюп алышкан. Октябрь революциясынан кийин эл кайра келип, Мамбеталынын жетекчилиги менен эл арызданып, орустардын көпчүлүгүн чыгарып, жерди кайра кыргыздар ээлешкен. Мамбеталынын кадыр-баркы менен иниси Муса, баласы – Закир болуш болуптур. Ошол учурда Атаке тукуму бир болуш эл болуп, Сооронбай, баласы – Дүр бийлик кылган. Кийин элдин саны өскөнүнө байланыштуу Сатыбалдынын тукумунан: Бекболот, Турумбек, өтөгөн, Төлөмүш, Бейшенбай, Чалданбай, Найманбай сыяктуу сакалдуулары, уезде тилмеч болгон Мамбеталыга кайрылып, Сатыбалды тукуму өзүнчө болуш болуп бөлүнүшүн кеңешкенде Мамбеталы кубаттап, түтүндүн санын тактоо, жердин чегин так бөлүүгө, бул элдин атынан губернаторго арызды өзү берерин айткан. Ошентип, сатыбалды элинин максаты аткарылып, Кызыл-Суу болушунан бөлүнүп, Шамшы болушу болгон.
         Болуштукка Мураталынын уулу – Мусаны шайлаган. Бул 18 жылдай болуш болуптур. Бул каза болгондон кийин Мамбеталынын уулу Закир болуш болот. Атасына кеңешпей Ак-Бешимден бир топ жерди орустарга сатып жиберет. Күндөрдүн биринде орустар араба менен камышты Ак-Бешимге түшүрүп жатканын Мамбеталы угат да Закирди жемелеп жатканын Урдөөлөт угуп калып кайрылса, Мамбеталы: “Узун кишинин акылы жок болот, эч кимге акылдашпай Ак-Бешимден орустарга жер сатып жибериптир, мобул чочко, орустар бүгүн бир теше жер алса, акырындап бүт Ак-Бешимди ээлеп алаарын бул билбейт. Сиз 11 старчы элден бирден өкүл чакырып келиңиз, бул жөнүндө сүйлөшөбүз”, - деп Урдөөлөткө айткан экен. өкүлдөр менен сүйлөшүп, орустар жер албай калган иимиш.
         Закир үркүндө Кочкор тарапта ооруп каза болуптур. Мөкүштүн Айма аттуу кызына Закир үйлөнгөн. Мындан Эсенкул төрөлгөн. Закир кайтыш болгондон кийин Айманы Оморго баш байлаган. Мындан үч бала төрөгөн. Кыргыз элиндеги “Ой тобо” деген ыр обону менен Кегетидеги Балбактын кошчунун Эсеналы баласы чыгарган деп айтылып жүрөт.
         Жообасардын Ыйбагынын Бакы деген баласы, бакма баласы болгон. Ыйбак жолдоштору менен казактын Леточор деген жеринде жортуулда жүрсө, журтта казактын жесир жаш аялы баласы менен калганын көрөт. Аял учук оорулу экен. Балага боору оорушуп, аялды баласы менен алып кетүүгө, аялды атка мингизип, баласын өңөртүп алышат. Жол жүргөндө оорулу аял каза болот. Сөөгүн жашырып, баланы үйүнө алып келип түлөө өткөрүп, байбичесине бактырып чоңойтот. Бокунун иниси Бакы болсун деп атын коёт. Ошондон жортуулда таап алган бала Бакы Ыйбактын уулу болуп калат. Бакы чоңоюп, балалуу болот, тукуму Кегети айылында жашайт.
         Схема 199. Стр.356

         Схема 200. Стр.357

         Схема 201. Стр.358

         Схема 202. Стр.359

         Схема 203. Стр.360

         Схема 204. Стр.361

         Схема 205. Стр.362

         Схема 206. Стр.363


         АЯНЫН БАКМА БАЛАСЫ ЖАНЫБЕК ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         Ая жоокер адам экен. Күндөрддүн биринде жортуулда жүргөндө, калмак-кытайдан бир эркек, бир кыз бала энчисине тийген экен. Бул экөөнү Ая багып чоңойтот. Бойго жеткенде нике кыйып, үйлөнтүп коёт. Ошентип бала баласындай, кыз келининдей болуп калат. Жыл айланып, эркек балалуу болушат. Ая баланын атын Жаныбек деп коёт.
    Кийин жигит менен келин калмак-кытайдан колго түшүп, Аяга энчиге келгенин билишип, элине качып кетүүнү чечишет. Эч кимге билгизбей бир күлүк бээни суутуп даярданып, качаар түнү бала тоскоолдук кылат дешип баланы тойгузуп, ороп керегенин башына илип коюшуп, бээге учкашып качып кетишет. “Бөрү баласы ит болбойт” деген сөз ушундан калган деп айтылат. Таңга маал бала ыйлаганда Ая байбичеси экөө караса, бала керегеде илинип турганын көрүшөт. үйдө жигит, келин жок. Тышка чыгып айлананы караса көрүнбөйт. Келип калабы деп күтүшөт. Дареги билинбегенден кийин, качып кеткени байкалат. Ошентип баланы Аянын байбичеси багып чоңойтот. Аянын баласы болуп калат. үйлөнүп бала-чакалуу болуптур. Мындан тараганы 52-сүрөөдө көрсөтүлдү.
         Илгери соодагер сарттар кыргызга келип, соода-сатык жүргүзчү экен. Ушундай мезгилде Аянын тукумдарынан бир кызы турмушка чыгып, күйөөсү менен келише албай ажырашып келип, айылында бойдок жүрүп калат. Соодагер сарт буга кезигип, сүйлөшүп жүрөт. Келин кийин эркек бала төрөп, атын Конушбай коёт. Аянын кемпири багып, бала кылып чоңойтот. Конушбайды Ая үйлөнтөт.

         Схема 207. Стр.365

         Буларды сарт тукумдары деп жүрөт.
         Аядан тарагандар өз ичинен үчкө бөлүнүп айтылып жүрөт. Аяга тиешелүүсү:
         1) Бейше, Абдракман, Алтымыш дегендери.
         2) Кыдыралы тукумдарына: Касымалы, Омор.
         3) Мамбет тукумдарына: Султан, Ызакалы, Ыскак, Абдыластар.
         4) Термекчик тукумдарына: Абыке, Калыбек.
         5) Жаманкул тукумдарына: Жекшен, Ишен.
         6) Кара тукумдарына: Конокбай уулдары, Тагай, Ашыралы, Жылчык.
         7) Конушбай сарт тукумуна кирет.
         Сатыбалдынын 1-аялынан экинчи баласы Кубаттын алты баласы болгон. Булардын ичинен элге белгилүүсү Алыбектин уулу Калыгул 1806-жылы Чүйдүн Бурана элинде туулуп, 93 жашка келгенде 1899-жылы оо дүйнөгө кайткан экен. Тубаса кара жаак чечен болгон. Сарбагыш элинде эки Калыгул болуптур. Биринчи олуя Калыгул – үчүкө тукумунан чыккан. Экинчиси –Түлкү тукумунан кара жаак чечен Калыгул чыккан. Бул кийинчерээк сөзгө чечендиги калыс, чыр-чатактарды бүтүргөн.
    Кыргыз-казак элине таанымал болгон. Калыгул Шабдан баатырдын оң колу сыяктуу, оор чыр-чатактарды биргелешип бүтүргөн. Заманында кыргыз-казактар чабуулунун бир учурунда Таштанбектин болот кылычын казактар алып кетиптир. Кийин казактар менен элдешип, болот кылычты алуу максатында Жантай казак элине элчи кылып чечен Калыгулду жиберген. Калыгул казактарга барса, Кененсары хан 100дөй адамдар менен дөңдө олтурган экен.
    Кылычын кынынан суурбастан кармап таянып олтурган чакта, Калыгул аттан түшүп, колун бооруна алып: “Ассалоому алейкум, Аялдаяр таксыр” дегенде, ал унчукпай жалдырап карап олтура берген. Анын алдында үйүлүп 500чө кылыч жаткан экен. Миң чамалуу мылтыкчан жигиттерин атчан чуу койдуруп чаап баратып, мылтык аттырып, кылыччанын өзүнчө, найзачандарын өзүнчө бөлүп, кылыч чаптырып, найза сайдырып жаткан.
         Ошол мезгилде: “Сен кимсиң?” - деп бир казак сураганда, Калыгул: “Мен кыргыздан элчиликке келдим” - деп жооп берген. Хандына атынан бир казак: “Кыргыздан элчиликке келген болсоң, мына найза, кылычты сендер үйүн даярдадык кой”, - деп үйүлгөн кылыч-найзаны атышып, чабышып, машыгып жаткан жоокерлерди көргөзгөн. Анда Калыгул: “Бая кыргыздарды чабабыз деп барганда, бул куралыңар үйдө калды беле?” – деген экен. “Макау, наадан кыргыз, хан алдында аузуңду баса, көзүңдү аша сүйлөсөңчү” – дейт казак. Анда Калыгул: “Кыргыз мени элчиликке жибергенде казактын этин жеп, кымызын ичип, бекер кайтып кел деген эмес, кезектүү сөзүңдү убагы келгенде айтып кал деген”, - деп жооп кайтарган. Жаш жигит: “Биздикине конок болгула” деп алып кеткен. Болуп жаткан ишти көрүп, байкап туруп, Кенесары хан бир да сөз айтпаптыр. Жанагы жаш жигит Норузбай төрө экен.
         Калыгул бир нече күнү конок болуп жатып Кененсары менен сөзгө келишип: “Кыргыз-казак ынтымактуу эл болуп туралы, Кененхандын кеңешинен көп алыстап кетпейли” деген убаданы бериптир. Кененхан Калыгул сурап барган Таштанбектин болот кылычын бердирген. Казактар “Мактаган кылычың осыма” деп кылычты Калыгулдун астына таштап жибергенде: “Бул болот эмей эмне?” деп жооп кайтарып, коломтодо турган темир тулганы шилтеп жибергенде, кыйып түшкөн деп айтылып жүрөт.
         Калыгул Кененсарынын кесилген башын орус өкүлдөрүнө алып барганда алтын медаль менен сыйлангандыгын Белек Солтоноев ачык жазган. Калыгул Токмоктун аягындагы аралга кыштап турган экен. Шабдан Бишкекке бара жатса, аралдан түтүн чыгат. Шабдан жолдошторуна: “Калекем ушул жерде кыштап жатат деп уктум эле, кайрылалычы, абалын сурап, жолуга кетели” деп кайрылса, түтүн чыккан үй Калыгулдуку экен.
    Аны менен учурашып, “Калеке, сүйлөй отуруңуз” дешкенде, ал: “Ии, эмнени сүйлөйүн, жаш кезимде булбулум деп сайраттың, карыганымда кузгунум деп кууп таштадың. Быйыл аралга кыштадым, кара жаман үйдү камыш менен ыштадым, атайлап согум сойгонум жок, кадактап Токмоктон этти койгонум жок”, - дегенде Шабдан сынып, жигиттеринен экөөнү элине жиберип, Калыгулга кыштык согумун айдатып келип бериптир.
         Калыгул даанышмандык кылып, үч баласы карапайым болгонун байкап, өзүнүн ашын тирүүсүндө бериптир. Аштын чыгымынын көбүн Сооронбай көтөрүптүр. Ашка келген элди Тынай уруусу кабыл алып, конок кылышкан экен.
         Кубат уулу Ниязалынын баласы Молдогазыны 1914-жылы Шамшы-Бурана элине болуш болуп шайланат.
         Бул мезгилде чыгыш Европада согуш күчөп, кыргыз элине да толкун болуп турганда, аскерге балдарыбызды жибербейбиз дешип, түшүнбөстүк менен орус элине каршы көтөрүлүш чыгарган.
         Молдогазы: “Орустарга каршы кол көтөрбөйлү, алар жакшы эл. Тынчтыкта сүйлөшүп, элдешебиз” деп кыргыз элине түшүндүргөн. Ага карабастан эл үркүп кетет. Молдогазы ата-энеси, үй-бүлөсү, туугандары, жолдошу Жумадул (Базыс уруусунан, айылдын старчыны) болуп качпай, Буранада калышат. үч күндөн кийин Токмоктон орус шовинисттери келип, болуш Молдогазыны кысымга алышат. Элиң кайда, эмне үчүн качырып жибердиң? Силер бизге каршы душмандык кылдыңар деген күнөө коюшат.
    Аларды бүт көчүрүп, эски Покровканын күн батыш жагына дөңгө боз үйлөрүн тиктирип, эне, атасын, үй-бүлөсүн ошол жерге калтырып, Молдогазыны, Бадачы, Жумадул үчөөнү эски Покровкага бир орустун сарайына камап коюшат. үч күндөн кийин баягы орустар келип: “Элиңди таап кайра алып келесиңби? Же силердин башыңарды алалыбы?” деп Молдогазыны кысымга алат, Молдогазы: “Элди алып келем” деп убада берет. “Андай болсо бирөөңөр баргыла да, элди кайта алып келгиле” дешет.
    Молдогазы Бадачыга: “Сен бар, туугандарды тап да, биздин жайыбызды түшүндүр, эл кайра келсин. Орус менен элдешмек болдук” деп сунуш кылса, Бадачы: “Мен сенин жаныңдан чыкпайм. Тирүү болсоң тирүү болом, өлүү болсоң кошо өлөйүн” деп барбай коёт. Жумадул макул болуп элге кетет. 3-4 күнү издеп, эл жок кайра келет. Орустар угуп: “Булар кууланып жатат” деп шектенет. Жумадул кайра элге кетет, үрккөн элдин дайыны жок. Бир жумадан ашып кетет. Орустар 3-4 күн берген. Орустар кыргызга ишенбей Молдогазыны, Бадачыны камактан чыгарып, атып өлтүрөт. Молдогазынын үй-бүлөсүн, атасы Ныязалынын балдарын бүт боз үйдүн жанына отургузуп, бир четинен солдаттар ата берген. Биринин өлүгүн бири көрүп, кучактап ыйлап жыгыла (өлө) берген.
          Ныязалынын 14 жаштагы баласы Сейталы бул окуяны көрүп сезими өлүп калат. өлгөндөрдүн арасына кулап жыгылат. Мыкачы солдаттар бардыгын аткандан кийин өлүктөрдү мылтыктын найзасы (штык) менен сайып , үйдүн жанына чогултуп кетишет. Бул окуя шашкеде башталган. Түш оогондон кийин эсин жыйып, Сейталы башын көтөрүп, эки жагын караса, ата, энеси, бир туугандары бүт өлгөн.
    Жыйып койгон өлүктөрдүн үстүндө жаткан экен. Анын үстүндө карындашынын өлүп жатканын көрөт, карындашын эптеп жылдырып түшүрүп, өзү өлүктөрдүн үстүнөн жерге түшөт. өзүн байкаса, тура албайт. Оозу толтура кан, башы араң кыймылдайт. Бир колу кыймылдабайт. Солдаттар келип калбасын деп, оор жарадарына карабастан боору менен калың камыштын арасына кирип көпкө жатат. өлүктү найза менен сайып жыйнаганда Сейталыны колунан, желкесинен сайып кошо жыйып кеткен экен. Ок тийбептир, колунан сайганда бир тамырын үзүп кетиптир. Кийин айыгып, чоңойгондо колу жарабай, чолок болуп калыптыр.
    Желкесинен сайганда тишин талкалап кетиптир. Ошол күнү кечинде орус солдаттар кайра келип, үйдүн жанынан жерди казып, өлүктөрдү көмүп, Сейталыны кан аккан изи менен аралга келип, саз сууга кирбей кайра кетишет. Мунун баарын Сейталы уккан экен. үчүнчү күнү түнүчүндө аралдан жылып чыгып, Ак-Бешимге келип, коон, дарбыз, жүзүм аңызга жашынып, 3-4 күн жатат. Дарбыз, коон, жүзүмдөн тамактанып, бир жумадан кийин кечинде үйлөргө жылып келип эс алат. Арадан 10 күн өтөт.
    Сейталы тоо тарапка эптеп басып бара жатса, 5-6 атчан келе жаткан кишилерди көрөт. Алар да келишип: Төрөкан, Дункана, Курама, Бейшенбай, Төлөмүш, Жумагулдар экен. Бири-бирин таанышат. Буларды көрүп Сейталы эси ооп жыгылат. Эсин жыйгандан кийин, абалдарын сурашып, болгон окуяны угуп, Сейталыны атка мингизип алып, жайлоого барышат. Элге угузат. Сейталы дарыланып, айыгат. Бул окуя 1916-жылы болгон. Сейталы 80 жашка чыгып, 1976-жылы кайтыш болуптур.

         Схема 208. Стр.370

         Схема 209. Стр.371

         Схема 210. Стр.372

         Схема 211. Стр.373

         Схема 212. Стр.374

         Схема 213. Стр.375

         Схема 214. Стр.376

         Сатыбалдынын 2-аялынан Алмакүчүктүн энеси эстүү, мыкты аял экен. Сатыбалдынын иниси – Абаке баатыр калмактар менен чабышып, алардан Акбайбиче деген аялды эки баласын колго түшүрүп келет. Балдардын аттарын Бийке, Бийде деп коюшат.
    Атаке балдарды бирөөгө берип коёбу деп, Алмакүчүктүн энеси: “Уул колго түшкөн эки калмак баланы мага бериңиз, Алмакүчүк иниң жалгыз, ошого жолдош болсун, мен багып чоңойтоюн” деп сураганда, Атакебий жеңесине берет. Ошол калмак бала бийкеден “беш калмак” аталып Алмакүчүк тукуму менен бирге жашап калышкан.
    Бешкалмак тукумунан Саадайдын уулу Жайнак Кыргызстанда партиялык советтик иштерде көп иштеп, обкомдун секретарлыгына чейин жеткен.
         Атакенин 3-аялынан баласы Жанкишинин Эсенбай баласынын кызы Батимага үйлөнүп, эки эркек балалуу болот. 1927-жылы эл душманы катары камалып, өлүмгө тартылган. Кийин акталган. Батима 1970-жылдары каза болгон. Азыр бир эркек баласы Бишкек шаарында иштеп жатат деп айтылат (Т.Э. № 1 – 165-бет). Жайнактын иниси (Ысмайыл, Жумаканга үйлөнүп, кийин ажырашып кетишкен, бир кызы бар) Урумкан.
         Алмакүчүк-үрүстөм-Ботокан-Аккөз-Төлөгөн-Шарып 1930-жылдары жогорку билимдүү болуп, жооптуу кызматтарда иштеп, областык аткомдо орун басары. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун секретары болуп иштеген. Кыргызстандан 1-Ленин орденин алган. Түмөнбайдын Жапар, Төлөгөндөр өтө мүнүшкөр болгон. Россия падышасынын адилетсиз желдеттери – 1918-жылы Дүрдү, Турумбекти, Маасымкожону эч күнөөсүз Шортөбө деген жерге алып барып, атып таштаган. Бекболот бий болуп Шабдандын насаатчысы да болгон. Шабдан менен кошо Курманжан даткага барып кыргыз, өзбек элинин мамилесин оңдоого салымын кошкон. Бурана, Шамшы элиндеги орчундуу иштер Мамбеталы менен Бекболот аркылуу ишке ашчу экен.
         Күндөрдүн биринде Бекболот жолдоштору менен Шабдандын үйүнө конокко барат. Шамендин уулу Чалдамбайды кошо ала барат. Буларды Шабдан конок кылып, табактагы эт дасторконго келгенде, Бекболот табакка карабай, эки жагын карап, Чалданбайды издеп калат.
    Шабдан: “О, Боке, эмне табакка карабай, эки жагыңызды карайсыз?” десе, Бекболот: “Менин жанымда Чалданбай деген кишим бар эле, жок” дегенде, Шабдан: “Чалдакеңди башка үйгө олтургузуп койгон, чакырып келип Бекболоттун табагына бирге олтургузгула” деген экен. Чалданбай эт туураганда Шабдан, үйдө отургандар таң калышат. Ошондо Шабдан Бекболотко: “Бул жигит ким?” деп сураганда, Бекболот: “Бул жигит инилерим болот, уруусу Азык, старчын кылайын десем түтүнү 50гө жетпей жатат” дегенде, Шабдан: “Андай болсо бул жигитти азыктарга старчын коюңуз. Кеминдеги Карагул азыктардан тууган кылып алгыла” деген экен.
         Ошондон Чалданбай Бурана элиндеги азыктарга старчын болуп калыптыр. Ал сөзмөр, калыс, дыйкан экен. Ошондон Бекболот Чалданбайды дайым кадырлап, ээрчитип жүргөн.
         Бекболот өлгөндө Сатыбалды-Атаке эли сарбагыш, солто, саяк, казактардан эл көп келип, кадырлап көмүшкөн. Бекболот Бурананын Оро-Дөбө деген жерине (азыркы Кызыл-Аскер үстүндөгү аралыгы 8-10 км болгон Бөрү-Көрбөс деген жерге коюлган. Элдин көбүнөн сөөгүн көтөргөн кишилер көрүстөнгө жеткенде арты Оро-Дөбө айылында калган). Демек, Бекболот акылдуу, элди бийлөө менен калктын кадыр-баркына ээ болгон киши болгон.

         Схема 215. Стр.379

         Схема 216. Стр.380

         Схема 217. Стр.381

         Схема 218. Стр.382

         Схема 219. Стр.383

         Найманбай жаш кезинен орустарга малай болуп, 15 жылдан ашык иштеп жүрүп, орус тилин жакшы билген. 1920-жылы улуу кызы Сайраны Бишкек шаарында окутуп, окууну бүткөндөн кийин жооптуу кызматтарда иштеп, обкомдун аскер алдындагы РККсында кызмат өтөгөн. Сулайман, Жумагазы баласын Ташкендеги САКУга жиберип окуткан. Булар өмүр бою мугалим болуп иштеген. Найманбай бардык балдарын окуткан. 1916-жылдагы үркүндө кошо үркүп барып, кайра келип, Токмоктогу орустар менен сүйлөшүп, өз элин Буранага көчүрүп келген экен. 1917-1918-жылдары орус-кыргыздын ортосунда чатак чыгып кетпес үчүн Найманбай уезден аскер формасын кийип, Турумов деген орусту алып, эл кыдырып, тынчтыкты сактоо жөнүндө көп түшүндүрүү ишин жүргүзгөн.
         1918-жылы “Россия падышасы жеңилип, Совет өкмөтү түзүлдү” деген кабар Токмокко да жетет. “Большевик, меньшевик, партия” болуптур. Ким большевикке, ким меньшевикке жазылат деген суроого Найманбай орусча түшүнгөн киши – большевик деген көпчүлүк эмеспи деп, большевиктин тизмесине жазылат. Ошол тизмеге жазылгандар большевик партиясынын катарында деп эсептелген.
         1919-жылы Найманбайды райкомдун председатели кылып шайлаган. Ошол жылы Ташкенде краевой комитеттин съезди болуп, Найманбай делегат болуп катышат. Съездде кыргыз элинин көп талаптарын айтып, аны чечүүгө далалат кылган аракети эске алынып, сыйлык катары Найманбайга бардеңке мылтык берген. 1922-жылга чейин пайдаланып, кийин мылтыкты өкмөткө өткөзүп берген. Атасы Кошой экөө Алматыга барып, алманын көчөтүн өгүзгө жүктөп алып келишип, Оро-Дөбө айылына тигишкен.

         ТЫНАЙДЫН 1-АЯЛЫНАН ЭКИНЧИ БАЛАСЫ АТАКЕ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         Тынайдын балдарынан Атаке кичинесинен акылдуу, эстүү, тың чыгыптыр. Күндөрдүн биринде Тынайдын үйүнө молдо келип түнөйт. Тынай жакшылап коноктойт. Модонун кийген кийимдери таза, баш кийими өтө кооз. Молдо уктап калганда Атаке баш кийимин жакшы көрүп, уурдап алып катып коёт. Эртең менен молдо баш кийимин таппай калат. Тынай уят болуп, молдодон кечирим сурап, калпак кийгизип, чай берип жөнөтөт. “Атаке балам шок эле” деп Атакени кысымга алса, молдонун баш кийимин алганын мойнуна алат. Тынай баш кийимди алып, молдонун артынан жетип, уулум уурдап катып коюптур, кечириңиз, биз сизге уят болуп калдык” деп Тынай кечирим сураганда молдо: “Мейли эмесе, кечирдим. Балаң бактылуу болсун, бирок бир мүчөсү кем болсун” деп бата берип, бастырып кеткен.
         Көп узабай Атаке ооруп, эрдине жара чыгып, үстүңкү эрдин дарт жеп койгондо, кыргыздын ырымдарынан айыккан экен, эрди жырык болуп калыптыр (8-10 жашында). Көрсө баягы молдо, Кыдыр молдо экен. Атаке ээрдине ак чүпөрөк байланып жүрөт. Кийин Тынай эли Атакени бий кылып көтөрүшөт. Көзү өткөнчө бий болгон дейт. атаке боз бала чагында көп төө жүгү бар кербен соодагерди карактап колго түшүрүп, ошондо болот кылычты алган. Таштанбек жетилип жоокер болгондо, белек кылып кылычты берген деп айтылат (Т.Э. № 1-т. 113-бет. № 2-т. 23-бетте Тилекмат Тезек-Төрөдөн тору ат менен Таштанбектин кара канжарын сурап барыптыр. Тезек хан: “Кыңырактын несин издеп келдиң” деп жигиттерине таптырып бергенде Тилекмат: “Тору ат астымда болсо, кара канжар колумда болсо, казак качса, кыргыз кууса, чаппай турган кара канжар бекен” деп коломтодогу тулганы чапканда канжардын учу жерге кирип кетиптир) .
         Кыргыз элин душмандан коргош үчүн бетме-бет салыглашууга чейин барган. Ошондон эл Атакени баатыр деп да айтып калган. Илгери кыргыздар Кокон кандыгынан, кытайдын эзүүсүндө да болушкан. Ошондуктан Атаке орустар менен болобуз, өз мамиле кылып, аларга букара болобуз, өз ыктыярыбыз менен соода-сатык кылабыз деп чечкен. Ушул максатта Атаке орус падышасы Екатерина IIге кат жазып, 23.VIII.1785-жылы Күчүк уулу Абдыракманды (Каргабай, Каракчы) жана Шергазыны өкүл кылып жиберген. Алар Омск шаарына, орус падышасынын өкүлүнө барган. Кат падыша Екатерина Iiге жазылган. Атаке Россиядан чыгыш Түркстанга, Индияга чыккан соода кербендеринин өтүшүнө өз тарабынан жардам бере турганын сунуш кылган. Россия тарабынан мүмкүн болушунча кыргызга колдоо көрсөтүүсүн билгиси келген. Омскидеги падышанын өкүлү Абдыракман, Шергазыга өз өкүлдөрүн кошуп, Санкт-Петербургга барышкан. Кыргыз өкүлдөрүн мээримдүү тосуп алышып, Екатеринанын кабыл алуусунда болушуп, аларга баалуу сыйлыктарды да беришкен. Орустардын кыргыздарга жакшы мамиле кыла турган ишенимин билдиришкен. Россиянын составына кыргыздын кошулуусуна биринчи изди Атаке баштаган. Россиянын Сибирь чек арасындагы өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү – 1814-жылы Ысык-Көл тараптан Качыбек, Жакып, 1825-жылы Олжобай, Жапалак деген бийлер. 1844-1848-жылдары Бекмурат уулу Боромбай башчылык кылган өкүлдөр Россиянын батыш Сибирь бийлигине кайрылышып, кыргыздар Кокон хандыгынан кол үзүп, Россияга букара кылып кабыл алуусун, Россиянын зор колдоосун сурашкан.
         Атаке Кокон кандыгынын бийлигин жактырбаган, элин багынтпаган. Муну билген Кокон хан Ташкендеги өкүлү Атакени Коконго чакырат. 1-2-чакырганына барбайт. 3-чакырганда Атаке эли менен сүйлөшүп, жолдошторун ээрчитип, Ташкенге конокко барат. өзбектер Атакени алдайбыз деген максат менен чайканага барчу жолго килемдерди төшөп коёт. Атчан бастырып барып, конок үйүнө жеткенде аттан түшөт. Анда бирөө: “Килемдин үстү менен атчан бастырбайт” - десе, Атаке: “Буга окшогон килем кыргыздардын көчкөн журтунда калат” - деп айткан.
    Атакенин келгенин Ташкендин вазирине айтат. Вазир: ”Конок үйгө киргизип, конок кылгыла. Эртең кабыл аламын” дейт. Эртеси Ташкендин акими Атакени кабыл алат. Эрдин чүпөрөк менен калкалап алган баатыр кирип салам берет. өзбек хан алик алып: “Кыргыздын каны Атаке бийсизби?” - деп сураганда: “Менмин” деп жооп берет. Ошондо Ташкендин каны таң калып, Атакени карап туруп, ана: “Ээ, паччагар ханым, бу бүт дүйнөдөгү 18 миң жаныбар ааламга Кудай таалам пешене жүз бергенде сиз кайда элеңиз?” - дегенде, Атаке баатыр: “Ээ, таксыр ханым, мен ошол мезгилде бакты-таалайдын базарында жүргөн экемин”, - деп жооп кайтарат экен.
         Атакенин мындай акылмандык, сөзгө чебердигине хан ыраазы болуп, мөөр оё турган молдосун чакырып, мөөрдү казал менен ойдурган. Ыразимда уристами дастан базимде Атамийай, Лайлатур кадыр кечесинде туулган Атаке ибн Тынай. Ыразим-уруш урушта баатырлыгың үрүстөм дастандайсың, берешендигиң Атамбайдай экенсиң.
         Мөөр ойгон молдого Атаке 100 жигитинин аттарын берген. Хан бир короого аттарды каматып, нокто жип бербейт. Эптеп алып кеткин деп молдо 100 магиртин алып келип, селдеси менен мойнунан байлап алып кетиптир.
         Тынай бий түштүктө эли менен жашап турганда Анжияндан жер алып, арык каздырып, сууну дыйканчылыкка пайдаланган. Эми да суу агат деп айтылат (А.С. “Жортуул” романы. 125-бет). Атакенин бала чагы өткөн жер (173-бет). Атаке 14 жашында калмакка каршы аттанган деп айтылат (“Шабдан” китеби. 6-бет). Анжияндын жанында Атакеге хан жер берип, Атаке ал жерге арык каздырып, суу чыгарган. Ошол жерге кыштак түшкөн. Азыр аны Асаке дейт. Ал Асаке эмес – Атаке деген сөз (“Шабдан” китеби. 5-бет. Шабдан уулу Кемелдин айтуусу боюнча) .
         Атаке Таластык саруу уруусунан Бердике экөө бир нече кол менен келип, Токмоктун Көк-Жар деген жайлоодо калмактын ханы турган. Ошону чабуу үчүн келип, ыраактан качырып киргенде Атаке, Бердике, дагы бир чал үчөө мурун жетип үйгө кирип барса хан уктап жатыптыр. Атаке ханды жара тартып өлтүрүптүр. Ошол жолу калмакты чаап алып, Чүйдөн калмакты кууган эки баатыр болуптур. Экөө куда болуп, Атаке баласы Карабекке Бердикенин баласы Жабагынын кызын алып берүүгө макулдашат.
    Атаке ошол жолу калмактан түшкөн олжонун өзүнө тиешелүүсүн калың үчүн Бердикеге бериптир. Бердике чабуулга өзүлөрү менен барган тору кунанчан чал Бердикенин адамы экен. Кунандын тумшугунда нокто жеген тагы бар экен. Ошол кунанды Бердике Атакеге кийит үчүн бериптир. Ошол ноктолу торусу Атакенин атактуу күлүк аты (“Жортуул” р. 171-бет). Атаке өлөөрдөн 10 жылча мурдараак ага “журтатасы” деген наам берилген. Ошол мезгилде хандык наамдан жогору болгон деп айтылат.
         Атаке кырк жаштан өткөндө Жайыл баатырдын тун кызы Бегимжанга үйлөнгөн. Бул 2-аялынан: 2 уул, 2 кыз. Сырга – уруусу Базыс кылыч тамга Сартайга 1786-жылы турмушка чыккан.
         Атакенин кызы Айжан 1790-жылы бугу элине уруусу Белек Эшпериге барарда Эшпери салт боюнча үйлөнүү тою өтүп жаткан мезгилде чогуу олтуруп, эшикке эс алууга чыкканда, асмандан айды көрүп Эшпери: “Апеей, ай да бизди ээрчип кошо быякка келиптир” дейт. Бул сөздү жанында турган Айжан угуп, үйүнө басып кетет. Той тарап, эртеси жөнөөр күнү Айжан: “Асмандагы бүт дүйнөгө тийиштүү жарыгын берген айды көрүп, апеей, бизди ай ээрчип кошо биякка келиптир деген мындай келесоого барбаймын” деп айтат. Эки тараптан күтүлбөгөн талаш-тартыш чыгат.
    Эчак кудалашып, макулдашып калыңын беришип-алышып бүткөндөн кийин мындай болбойт. Андай болсо Эшпери жаңылды деп барбай койсоң, мунун инилери бар. Болбосо кеткен чыгымды бүт азыр бергиле деп кызды алып кетүүчү тарап айтканда, Айжандын ата-энеси, бизди токонаалат сөзгө калтырбай тигинин инилерин тандап, өзүңө туура келүүчүсүнө барганың түзүк болоор дегенде, Айжан Эшкожону жактырып, 1790-жылы турмушка чыгат. Айжан жыландай сойлогон, тың адам болот. 1791-жылы Балбайды, кийин Балбак, Бакай, Ыртай, Сонтай, Иманбекти төрөгөн.
         Атаке – 1790-жылдан кийин айтылбай калат. Себеби, көрө албаган бирөө конокко чакырып коноктоп, кетеринде уу коргошунга ачыткан кымызды берет. Ошондон өлүптүр деген сөз бар. өзүнүн айтуусу боюнча 1785-жылы 63 жашта экен (1722-жылы туулган болот). “Жортуул” р. 1720-жылы туулган деп айтылат.
         Атакенин Мырзабек деген аялы абдан кошокчу болуптур. үч эркек бала төрөгөн. Мунун балдарын Атакенин улуу аялынын балдары жектеп, ынтымагы болгон эмес. Ошондон Мырзабек өзү балдарын тарбиялаган. Надыке деген баласынын мингени күлүк байтал экен. Аш-тойдо таптап чабууга, туугандары койгун десе тилин албай, бир ашта көк байталды чааптыр, аны минген бала Мырзабек деп ураан чакырып, биринчи чыгып келип, баш байгени Надыке алыптыр. Ошондон тартып энесинин атынан Мырзабек уулу деп айтылып калган дейт.
    Кийинчерээк Атаке менен Сатыбалды жигиттерди чогултуп, Нарын суусун ашып, ойроттор менен салгылашып, Чүй, Көл өрөөндөрүн бошоткон. Ошондон бери Кемин, Чүй, Көлдүн батыш жагы сарыбагыштардын жери болуп калды деп айтылат (“Шабдан” китеби. 16-бет) .
         Кыргыздар менен калмактардын бир салгылашкан тополоңдо (Т.Э. № 2. 205-208-б.) журтта калган келинди кичи баласы менен Атаке бий олжого ала келип, баланы Сатыбалдыга берип, өтө келишкен сулуу болгон калмак келинди өзүнө баш байлаган. Бул келин 7-аялы болгон. Бул калмак келинден Бийиде, Бийике (калмак балдарынан тарагандар өзүнчө таблицада көрсөтүлдү). Бул калмак аялы кийин “Акбайбиче” деп аталып калган.
         Сатыбалдынын багып алган (тондуу) балдарынан (калмак тукумунан) тарагандары. Заманында кыргыздар менен калмактардын ортосунда далай салгылашуу болуп, бирде калмактар жеңип, Бухаранын Көк-Ташына чейин барган, кай бирде кыргыздар жеңип турган экен. Ушундай салгылашуу тополоңдун биринде, кандайдыр бир себептен эки жаш бала энеси үчөө качып, кутула албай журтунда калат. Бул балдардын аты: Бийиде, Бийике экен. Ушул чабуул тополоңдо саруу уруусунан Чот деген баатыры Бийидесин олжолоп алып кетет. Чоңойгондо жылкычы кылып коёт.
    Чоттун жалгыз баласы үйлөнгөндөн кийин өлүп, келини жесир калат. Кийин ал келин Бийиде менен байланышы болуп, кош бойлуу болгонун Чоттун эли билип, Бийидени өлтүрөбүз дегенде Чот өлтүрбөгүлө деп тыйып коёт. “Балам, сени эл өлтүрөбүз” деп жатат, болоор иш болду. Сен эки ат камда, келинди алып качып, Атаке бийге бар, анда сенин иниң Бийике бар. Ошондо жаның калат деп, келинин кошуп качырып жиберген экен. Ошол Бийиден тараган калмактар Кегетидеги Алач уулдары деп аталып калган. Алар:
         Схема 220. Стр.390

         Жогорудагы болгон чабуул тополоңдо колго түшкөн балдардын кичүүсү Бийикени энеси менен кошо Атаке бий олжого алып келип, өтө келишкен сулуу болгондуктан өзүнө баш байлатып 7-аялдыкка алат. Баланы (Бийикени) агасы Сатыбалдыга берет. 2-аялы – Алмакүчүктүн энеси эстүү аял экен. Ошондуктан Атаке бийдин калмактан олжого алып келип берген баланы Сатыбалды байынан мага бериңиз, менден балаңыз Алмакүчүк жалгыз, ошого жолдош болсун, мен багып чоңойтоюн деп сурап алат. Бала жетилип, үйлөнүп балалуу болуп, Алмакүчүктөн тарагандар менен эл болуп жашап калышкан.
    .
         Схема 221. Стр.391

         Эскертүү: Сейит баатыр балбан болуптур өз учурунда. Бир мисал. 1870-жылдары Таштанбек атасына аш бергенде көп эл келиптир. Кыргыздын бардык оюн-тамашасы болуптур. Ошондо Сейит 18 жашында Ныяздын атактуу ак балбаны менен күрөшүп, аны жыккан дейт.
         Муктар 40 жылдай мугалим болуп иштеп, ардактуу эс алууда деп айтылат.

         Схема 222. Стр.392

         Эскертүү: Бийикеден тарагандар (калмактар) Чүйдүн Калиновка, Кызыл-Аскер айылында жашашат.
         Дөөталыдан тарагандан тышкары калмактар Кегети айылында Чагабай уулу деген калмактар бар, аларды “котур калмактар” деп коюшат. Булардан: Абдылда – Сатарбек – Байыш – Алым – Жунушалы – Басылбек ж.б.у.с.-лар бар.

         Схема 223. Стр.393

         Схема 224. Стр.393

         Эскертүү: Саадабайдын балдарынан Жайнак эстүү. Жаш кезинен оор турмушту башынан өткөрүп, окуп сабатын жойгон. Граждандык согуштун мезгилинде өз ыктыяры менен армиянын катарына кетип, өлкөнү коргоодо алдыңкы жоокерден болгон. 1920-жылдары Токмок шаарында, Чүй районунда жооптуу кызматтарда иштеп, кийин Бишкек шаарында Кыргыз АССР обкомунун экинчи секретары болуп иштеген. Кыргызстанда Совет бийлигин, өнөр жай, айыл чарбасын өнүктүрүүдө, колхоз курулушун курууда Жайнактын эмгеги зор.
         Бул кишинин эмгегин баалап, Токмоктун бир көчөсүнө, бир орто мектепке жана туулуп-өскөн айылындагы мектепти Жайнактын ысмы менен аташты.

         УУБАШЫДАН ТАРАГАНДАР                                                  (түзүмгө)
         Сатыбалдынын тукумунан Калпак баатыр, Кары-үсөн, Чомой, Жунуш, Боронбай жана башкалар. Куштарын кондуруп, тайгандарын ээрчитип ууга чыгышчу экен. Аң уулаш өтө кызык. Кээде нечен күн кыдырып кете беришип, казактын көп жерлерин аралап, айрым учурда монголго чейин барып кайтышчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде уу уулап келе жатышып, бир жерден журтта калган 2-3 жаштагы бир эркек баланы таап алышат. Аң уулоону токтотушуп, айылына барышат. Жайын айтышып, баланы чоң атасы Сатыбалдыга беришет. Баланын кабарын уккандан кийин Алмакүчүктүн энеси Сатыбалдыга барып: “Ээй, байым, Алмакүчүк уулуң менден жалгз, ошого жолдош болсун, аңчы балдарың таап келген баланы мага бер” деп сурап алат. Той жасап, атын коёрдо, ууда жүрүп баланы таап келгендер – Уубашы болсун деп атын коюшат. Алмакүчүк менен бирге чоңойтуп тондуу уулу болуп калат.
         Схема 225. Стр.394

         Чүйдүн Ак-Бешим айылында илгертеден бери тынай, кожолор, саяктар, казактар, кыпчактар, өзүктөр, адигине ж.б. уруулар бир туугандай жашайт. Куда сөөк болуп калышкан. Чала казактар казактын улуу жүзүнөн.
    Алматынын Кеген деген жеринде турушат. Бир мезгилде катуу жер титирөө болуп, 2-3 жылы жашоого кыйынчылык болгондо, эки бир тууган Каңгы, Коңурбөрүк айылынын Берикташ ата тоосуна келип чапрашты казактар менен жашап калышат. Кийин Ак-Бешимге келип отурукташып калышкан. Азыр улутубуз кыргыз деп жазылышат.

         Схема 226. Стр.395

         АТАКЕНИН 2-АЯЛЫНАН АБЫЛАЙ БАЛАСЫНАН ТАРАГАНЫ                                                  (түзүмгө)
         Абылай ар кандай себептер менен көпкө чейин үйлөнбөйт. Иниси Солтоной мурда үйлөнүп, балалуу болот. Намызданып, калыңын өзүм төлөп аял алып берейин деп Абылайды, жолдошторун ээрчитип айылдарды кыдырып, кыздарды сынап жүрүп, бир үйгө келсе жүктүн бурчунда бойго жеткен келбеттүү кыздын отурганын көрүшөт. Ал кыздын жеңеси жигиттерге чай берип, алардын келген ой-максатын сурайт. Аны кыз угуп олтурат.
    Кандай бир себеп мененби Абылайга кыз жакпагандай болуп, чайга бата кылып жигиттер жөнөй турган болгондо, жүктүн бурчунда олтурган кыз туруп келип Абылайдын этегинен кармап: “Жигит, сиз аял алайын деп кыз тандап жүргөн окшойсуз, мени аялдыкка алыңыз, мен сизге тием”, - деп кеп салат. Абылай шаштысы кетип: “Макул, мен аялдыкка алсам, сиз мага эмне кылып бересиз”, - дейт. Анда кыз: “Мен тогуз эркек бала төрөп берем”, - деп жооп берет. Бул сөздөрдү уккан иниси Солтоной, жолдоштору макул болушуп: “Дүнүйө деген бала эмеспи, ушуну алыңыз”, - деп Абылайга ал кызды алып беришет.
         Бул аялы удаа 8 эркек бала төрөп берет. Кийинчерээк 9-эркек баласын төрөгөндө Абылай чоң той берип, баласынын атын Тилеш коёт. Бул баласы төрөлгөндө мурунку балдары балалуу болуп калгандан келиндери менен жарыша төрөп жатат деген сөзгө каламбы деп кенже баласын кишиге көргөзбөй, төшөккө ороп, жүккө кошо жыйып жүрүп чоңойткон экен.

         Схема 227. Стр.397

         Схема 228. Стр.398

         Схема 229. Стр.399

         Схема 230. Стр.400

         Схема 231. Стр.401

         Схема 232. Стр.402

         Схема 233. Стр.403

         Схема 234. Стр.404

    2-аялдын балдарынан тарагандары атасынын аттарынан уулу деп айтылат.

         Атакенин 2-аялынан, Калмак - Мырзабек

         Мындан тараганы Мырзабек уулу деп айтылат

         Атакенин Солтоной уулдарынын ичинен Чынгыш бий болуп, эл ичинде кадырлуу болгон. Кийин баласы Кудаярдын баласы Сооронбай көп жылы болуш болуп, элге кадыр-барктуу болгон. Жайчылык жагы да бар экен. Күндү жаадырып да койчу экен деп айтылат.
         Күндөрдүн биринде Жантай менен Сооронбай эл кыдырып жүрүп (Кырк үй деген жерден) казактын кызын көрүп, Сооронбайга жагып калат. “Бул кыз абдан жакшы экен” деп Жантайга айтат. Жантай: “Жакшы көрүп калыпсың, сага аялдыкка алып берем” деп, сөзүн аткарат. Ал кыз эрке экен, келин болгондода эркелигин койбоптур. Ошондон бул 2-аялын Сооронбай жаман көрүп калыптыр. Ай-күнүнө жетип толготуп калган учурда Сооронбай үйдөн обочо жерге басып кетет. Көп узабай бирөө келип: “Сүйүнчү, аялыңыз эркек төрөдү” десе, ал: “Эмне дейт?” - деп чочуп кетип: “Бүткөн боюм дүрт эте түшпөдүбү” деген экен.
         Сүйүнчүлөп барган киши кайра боз үйгө келсе, эл: “Сүйүнчүңө эмне алдың” – деп сурашса: “Эмне дейт” деп чочуп кетип, “Бүткөн боюм дүрт эте түшпөдүбү” деп айтты”, - дейт ал. Эл баланын атын Дүр деп коюшат. Асан чакырып койгон аты – Абдылвакап, бирок эл Дүр деп атап коюшкан. Эки айга жетпей энеси өлүп калат. Дүрдү агасы Бака дегендин аялы багып чоңойтот. Кийин Сооронбайдын балдарынан мыктысы болгон. өзүнүн демилгеси менен Алматыда орусча окуп бүтүп, кийин уезде тилмеч болуп көп жылы иштейт. Дүр калыс, боорукер, эл үчүн иштеген адам болгон. өзү үчүн байлык жыйнаган эмес. 1890-жылы жыгачтан 4 бөлмөлүү мектепти Сайлык деген жерге салдырган.
    Алматыда окуп жүргөн кезинде казактын Зейтун аттуу кызын алууга сүйлөшүп жүргөн. Байдын кызы болгон. Акыры ошого үйлөнгөн. Дүр үч аял алып, алардан: Зайнилабидин, Султанмахмут, Садыбакас, Асангул. Төрт бала көргөн. Бардыгы согушта 1941-1945-жылдары куран болушкан. Тукуму жок. “1916-жылдагы көтөрүлүштү уюштуруп, орустарга каршы ок аткан” шылтоо менен 1918-жылы орус желдеттери Токмоктун Шар-Төбө деген жерге алып барышып, 52 жаштагы Дүрдү, Турумбекти (ошол мезгилде 1916-жылы болуш болгон), Масымкожону баш кылып көп адамды атып өлтүргөн.
         Сооронбайдын 2-казак аялы эркек төрөгөнүн кайындары угуп, таякелери жээнин жентектеп келишип, Сооронбайдан малга жайыт жер сураганда, Токмоктун түндүк жагындагы Берик-Таш тоосунун этегиндеги түздүү жерлерди Шабданга бекиттирип берген. Муну казак элине 40 байталга сатып жиберген деп да айтып жүрөт.
         Кудайменденин Шамен деген баласы жоокерчиликте жүргөндө талаадан бир бала таап алат. Аны баласы Түлөбердиге бала кылып берет. Атын Ташбуркан коюшат. Кийин Шамен дагы жоого чыкса, бир кыз бала таап алат. Аны Шамен багып, бойго жеткенде эркек бала төрөп коёт. Аны Шамен өзү багып алат. Баланын атын Норузбай коёт. Бул бакма баласы жетилип, балалуу болот (Т.Э. 1-т. 60-бет. 86-сүрөө) .
         Атакенин 3-аялынан Жанкишинин уулу Эсенбай жаш кезинде жетим калып, көп кыйноолорду көрүп күн өткөрөт. Башы да таз болуп калган. Кара-Балта жериндеги оруска малай болуп иштеп жүрүп, орус тилин билип, жазганды да үйрөнүп алган. Эсенбайдын оруста малай болуп жүргөнүн Шабдан билип, киши жиберип, Кара-Балтадан алдырып келип, кийинтип, өзүнө катчы кылып алган.
    Ошол мезгилде Шабданды байбичеси Шаакенин бир баласы каза болот. Эсенбай ага өкүрбөй койгон экен. Ошондо Шааке: “Карасаң, тазды, тең аталык кылып өкүрбөй турганын” деп ичинен жаман көрүп калган. Муну сезип Эсенбай Шабданга келген бир коноктун атын минип алып качып, Олуя-Атага барат, андан Ташкентте, акыры Ошко барат да уездин катчысы болуп иштеп калат. Кийин Кетмен-Төбөдөгү беш камандар менен кармашып жүрүп, акыры ошол жерге болуш болот. Ошол мезгилде Эсенбай орустун бир баласын асырап, бала кылып алат, той берип мусулманчаотургузат. Эсенбайга Кетмен-Төбөлүктөрдүн бир тобу каршы турат. “Бузулган элге бучуктан болуш болду” деп таздыгын шылдыңдап ырдашкан. “Орустун баласын зордоп мусулман кылган” деген ушак сөздөр айтылып, жоопко тарттырмак болушкан.
    Мындай кысымга чыдабай, Эсенбай багып алган орус баласын Нарын суусуна ыргытып өлтүрүүгө мажбур да болгон. Акыры Эсенбайды уездин тергөөчүлөрү келип жоопко тартышып, аны Нарын суусунун боюна бакма баласын агызган жерге алып келгенде Эсенбай өзү сууга түшүп кетип өлгөн. Эсенбайдан: Маки уул, Батима кыз калган. Маки кийинчерээк Чоң-Кеминге көчүп келип, Тар-Суу айылында жашап жүрүп каза боллгон. Кызы Батима беш калмак тукумунан Садайдын уулу Жайнакка турмушка чыгып, эки эркек балалуу болот.
         Жайнак Кыргызстанда партиялык-советтик иштерде иштеп, обкомдун секретарына чейин жеткен. 1927-жылы эл душманы деп камалып, өлүмгө тартылган. Кийин өкмөт актаган. Батима 1969-70-ж. каза болгон. Бир баласы Бишкек шаарында эмгектенип жүрөт (“Жортуул” р. 171-б. Калча карыянын айтуусу боюнча) .
         Жантай Таштанбектин баласы. Карабек багып алган. Карабек өлгөндөн кийин кандык бийликти Таштанбек алып, башкарып калган. Каардуу кан болгондон “таштай каттык” деген сөз эл арасында калган дейт. Карабектин балдарынан Жантай тың болгон. Муну Таштанбек байкап жүрүп, Карабектин ашын бир жылдан кийин берип, ошого көп элди чакырып, ашты өткөрүп жаткан учурда күтүлбөгөн жерден элге бата кылдырып, ак боз бээни сойдуруп жиберип, Жантайды ак жайнамазга салдырып чайкатып, “хан, хан, Жантай хан” деп элге угуза үч жолу айтып, хан көтөрүшөт.
    Ак боз үйдүн түндүгүнөн чыгара түпөк (туу) көтөртүп, ырчыларга жар чакыртып, Жантайга таажыны кийгизип, кызыл кымкап жаап, калың элдин көзүнчө бардык жөрөлгөлөрдү жасаткан. Аштан тараган эл “Карабектин Жантайы кан көтөрүлдү” дешип, уу-дуу болуп, өз жайына кетишкен. Ошондон тартып Таштанбектин жасаган амалы менен Жантай кан болгон.
         Таштанбектин эл үчүн жакшы да, жаман да жагы болгон экен. 1834-жылы Таштанбек өлгөндө бүт Жантай башкарып, сыйнатын жасоо милдетин өзү алган. Ошондо Жантай 40 жаштагы курагы экен. 1835-жылы ашын берип, ашка сарбагыш, солто, казак, өзбектен көп адамдар келген. Бардык тамашалар болуп, ат чабыштын байгесине малга кошуп киши да сайылып кеткен. Бул Жантайдын өтө ашыкча кеткендиги деп айтылат.
         Таштанбектен тарагандар Кеминде Ак-Бекет, Жаңы-Алыш айылында турушат. Таштанбек багып алган атасы Жообасардын ашында ат байгесине 60 жигит сайыптыр. Бул ат чабышта Бостеке деген өз аты чыгып, 1-баш байгеси өзүндө калыптыр.

         Схема 235. Стр.408

         Схема 236. Стр.409

         Схема 238. Стр.410

         Схема 239. Стр.411

         Схема 240. Стр.412

         Схема 241. Стр.413

         Схема 242. Стр.414

         Схема 243. Стр.415

         Схема 244. Стр.416

         Схема 245. Стр.417

         Схема 246. Стр.418

         Схема 247. Стр.419

         КАРАБЕКТИН БАЛАСЫ ЖАНТАЙ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         Жантай болжолдо 1795-1868-жылдары жашаган деп айтылат (Ш.К. 15-бет). Жантайдын 1-аялы (өзүк уруусунан Аккийиздин кызы) Табариктен: Мырзалы, Чыпай, Тыналы – 3.
         2-аялы (казак кызы Мейис же Ысык-Көлдүк бапа уруусунун кызы) Турукеден: Ысабек, Ысак – 2.
         3-аялы (Жумгалдык саяк катаган уруусунан Келдибектин кызы) Баалыдан: Шабдан, Мамыт, Искендер – 3.
         4-аялы (Баалынын бир тууган сиңдиси) Сейилден: Төлө, Ыманалы – 2.
         5-аялы (кытай уруусунан) Бачайыдан: Манапбай, 2 кыз.
         6-аялы (Мөөркан) Акмөөрдөн: Муңайтбас, Токтонай (жашында өлгөн) .
    Калый кызы Көл жакка турмушка чыккан деп айтылат. Акмөөр 1869-жылы 35 жашында өлгөн дейт. Анын сөөгү Кичи-Кеминдеги Жолбулак айылына коюлган. Акмөөрдүн атасы Адыл, апасы Маржагүл. Адылдын атасы Бооркок. Болот Адылдын жээни. Болот өзгөндүн Төөчү деген айылда жайгашкан карабагыш уруудан деп айтылат. Болот тайманбаган баатыр болгон.
    Оюн-тамашада Болотко кыз-келиндер көп тийишчү. Ошондон жигиттер ичтери күйүп, күндөрдүн биринде ага кол салып, өлтүрүүгө чейин барышкан. Ошондон алыс болуш үчүн Болот айылынан качып, Нарын аймагындагы таякеси Адылга келип, анын жылкысын багып, жүрүп калган.
    Адылдын Ажыбек, өмүр, Төлөмүш, Мөөркан аттуу кызы болгон. Жантайдын Акмөөрдөн төрөлгөн Муңайтбасынан: Муса, Иса, Жамалиддин – 3 уул, Мария, Нурила, Алиман – 3 кыз. 1971-жылы изилдөөдө Акмөөрдөн 58 небере-чөбөрөлөр бар экени такталган (Т.Э. № 1-т. 168-бет) .
         Жантай баатыр Алма-Атага барып орустун аскер башчысы Калпаковскийге оруска букара болуп карап коюптур. Орустар келип каратканда Токмок уездный шаар болгон. Уездный начальник Токмокто турган. Жантай баатыр орус улуктарына силерге келип жолуга турган уулум деп Манапбайды көрсөткөн. Шабдан: “Мен оруска кызмат кылбаймын, Кашкарга Жакыпбекке кетейин”, - деп жүргөн экен.
    Бул арада атасы Жантай каза болгон. Ошол кезде Шабдан 27 жашта эл көзүнө көрүнүп калган экен. Атасына күмбөз салдырганы кыш бышыртып, Токмоктун аралында камыш ордуруп жүрдүргөндө уездге караган кыргыздын тобу болгон. Ошондо уездный начальник: “Манапбай сенин жаныңдан бир кызыл жүздүү жигитти көрдүм, ошону чакырып кел”, - дейт.
    Манапбай кызыл жүздүү Андаш, Жанузакты алып барганда, булар эмес деп кайтарган. Манапбайдын жанынан көргөн кызыл жүздүү жигит Жантайдын баласы Шабдан экенин начальник билген эмес. “Камыш ордуруп жүргөн жаныңдагы кызыл жүздүү жигит ким”, - деп сураганда, Манапбай: “Ал менин жигитим эмес, иним”, - дейт. Шабданды топко чакыртып келип, ошол бир көрүү менен уездный начальник өз ордуна топтун башына койду дейт. Андан кийин орус улуктарына катышып, кызмат кыла баштаган Шабдан (Ш.К. 8-9-бет) .
         1862-жылдары Россия падыша аскерлери сарбагыштарды басып алуусун баштаганда Жантай 22 жаштагы Шабдан уулун Кокон канынан жардам сурап жиберет. Бирок өз айласын таппай турган Кокон канынан жардам болбосуна, Россия падышанын аскерине өз күчү менен каршылык көрсөтө албасына көзү жеткен Жантай сарбагыштарды Россиянын курамына кошулуусу жөнүндөгү документке аргасыздан кол коёт. Жантайдын бул ишине нааразы болгон Кокон канынын өкүлдөрү жардам сурап келген Шабданды түрмөгө салат. Шабдан Баякенин жардамы менен качып кутулат (Ш.К. 19-бет) .
         Телтай уулу Кичи-Кеминди, Жантай уулу Чоң-Кеминди жердеп барган (71-бет). Жантай өзү, Мырзалы, Тыналы, Ысак балдары менен Кара-Булак, Бейшекени жердеп калышат (Т.Э. 1-т. 170-бет).
         Жантай көп жылы кан болуп бийлик кылып, кадыр-баркы өсүп, журт сыйлаган. Укум-тукум, өскөн уруудан куда-сөөк күтсөм, жалпы кыргыз эли биригип, эл ичинде ынтымак пайда болот го деген ойго келген. Ушуга байланыштуу солто уруусунан Жангарачтын кыз Бакты Шабданга үйлөнтүүнү айтса, Шабдан кызды жактырбайт. Ошондо Жантай Шабданга: “Сага аял эмес эл-журт, кол алып берейин деп жатам”, - дегенде, Шабдан Бакка үйлөнөт.
    Шабдандын 1-аялы Бактан: Солтонбек. 2-аялы Таластык саруу уруусунан Бердике баатырдын баласы Качыке бийдин кызы, ажыга барган Шаакеден (Ажы эне деп да айтышат): Мөкүш, Кемел. 3-аялы Кочкорлук сарбагыш Кулжанын кызы Султандан: Самүдүн (энесин кетирген). 4-аялы Намангандык өзбек Кожонун тукуму Насирдиндин кызы Мөөркандан: Аман. 5-аялы, Ормонкандын баласы үмөталынын кызы үпөлдөн: Нажимүдүн. 6-аялы Кокондук Ашымкандын Кушбегинин кызы Алтынкандан: Абдылас – бардыгы 7 бала. 1) Солтонбектен: Майлыш – тукум жок;
         2) Мөкүштүн 1-аялы Боромбай ажынын кызы Бүбүдөн: Абыла; 2-аялы Алмакүчүктүн Куттубадын кызы Бүбүдөн: Ажиман (окшош аттуу); 2-3-аялы – Чоконун кызы Сейнептен: Низима кыз;
         4-аялы – Азык уруусунун кызы Зуурадан: Жамалбек, Асанбек, Айтпа – 3; 5-аялы – Боромбай кандын баласы өмүрзактын баласы Каптагайдын кызы (эгиздин бири Каптагайдын качкан кызы) Кайыптан: Ормонбек, Назарбек, Аршидин, Жамалкан – 4; 6-аялы – Бадижамалдан: Эдилбек, Байбагыш.
         Шабдандын иниси Искендердин баласы Нуридиндин аялы Бадижамалды алган. Нуридин өлгөндөн кийин Мөкүшкө нике кыйып коюшкан. Мөкүш болуш болгон;
         3) Кемелдин 1-аялы Калыйпадан: Ажигабыл, Айша, Бопуйкан, Бүбүкан, Жамалкан – 4 кыз (Калыйпа өзүк тукумунан Сарбос ажынын кызы). Кемелдин 2-аялы Калича. Бакачы Бозкаранын кызы, бала жок. 1911-жылы жер титирөөдө өлөт. Кемелдин 3-аялы Сабира Дурдун кызы, ооруп өлөт, бала жок. Кемелдин 4-аялы Токтондон: Мамбетказы (Төлө ажынын кызынын кызы жээнин алган.
    Экинчи айтылышы – Нарын аймагынан Мамбеталынын кызы – Токондон: Мамбетказы төрөлөт). Кемелдин 5-аялы Фатимадан: Саадат кыз (азыр Быстровкада турат, эсеп кызматкери). Кемелдин 6-аялы Токтон оорулуу болуп, аны багыш үчүн Токтондун сиңдиси Фатимага үйлөнөт. Фатимадан Саадат кыз төрөлөт (Ш.К. 50-бет). Экинчи айтылышы: Кемелдин 5-аялы Батыймадан Саадат кыз төрөлөт (Нарындын Жергетал айылындагы Ажы уулу Ботокандын Моңошунун кызы Батыймадан Саадат кыз төрөлөт (Т.Э. 1-т. 172-бет);
         4) Самүдүндүн 1-аялы Алимадан: Бекбото эркек, Ракия кыз. Казак элинин орто жүз тукумунан. 1911-жылкы жер титирөөдө өлгөн. Самүдүндүн 2-аялы Зубайылдадан: Мажит, Абдыламид, Росия, Ажарбүбү (солтонойдун бир баласынын кызы). Самүдүндүн 3-аялы Салиймадан: Акматбек, Рапия, Самса, Калича (Сарыбос ажынын кызы). 4-аялы Асылкандан бала жок (Ысык-Көл аймагындагы Улахол айылындагы Жалдуу Кабанын тукуму Кудайменде уруусунан Мамыткандын кызы Асылкан). 5-аялы Бурулкандан: Абдылдабек, Жусупбек (Ысык-Көлдүк Дөөлөс уруусунан Чекир ажынын кызы Бурулканга үркүндө кытайдын үч-Турпандын Кулан-Сарык деген жеринде жүргөндө үйлөнгөн). 6-аялы Гүлайдан (Тогуз-Торолук Чолук бийдин кызы): Анварбек, үсөн, Жагангир. 7-аялы Токтокандан (Ысык-Көл аймагындагы Чоң-өрүктү айылы, чиркей уруусунан): Рамазан.
         Самүдүн айдалып жүргөндө үйлөнөт. Жетим орус баланы багып алып, атын Рамазан деп коюшкан.
         5) Амандын 1-аялы Канышбүбү Нарын аймагында жашаган Бабанын уулу Карачтын кызы төрөттөн каза болгон. Бала жок. 2-аялы Күлжамийла атасы Алматыда жашаган казак Рахымбай, энеси татар кызы болгон. 3-аялы Алтынбүбүдөн: Ажекбар, Канай, Касымбек, Ныязбек, Малик – 5 уул, Сакынжамал, Шалийпа, Айна – 3 кыз. өзүк тукумунун Бообектин кызы болгон. Кыскасы Шабдандын жети баласы 27 уул көрүптүр (Т.Э. 1-т. 172-бет). Шабдан 1839-жылы Көк-Жар деген жерде төрөлгөн. 17 жашка келгенде эл ишине аралашат. өмүр бою эл үчүн иштеген. 1912-жылы 6-апрелде 74 жашында каза болуп, 9-апрелде Чоң-Кеминге сөөгү коюлган.

         БАЯКЕ ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         Оштун Кара-Суу деген жеринде, Кара-Дариянын жээгинде жашаган кыргыздын кыпчак уруусунан Нускай деген эр көкүрөк адам болот. Жер-суу талашып, чоң чатак болгондо Нускай атактуу бир кишини өлтүрүп коёт. Буга кун чак келбейт деп баласы Аргынбай экөө көчө качып, Тогуз-Торо аркылуу Таласка, андан Сокулуктун Жыламышта жашаган солто уруусунун ичинде туруп калат.
         Бул жерден Аргынбай Күнтууган деген балалуу болот. Күнтууган Баяке деген балалуу болот. Чоң аталарынын көзү өткөндөн кийин Жангарачтын айылында жашап калышат.
         Күнтууган балбан, көкбөрүчү да болот. Күндөрдүн биринде улак тартышып жүрүшүп чатак чыгып, Күнтууган үзөнгү менен бирөөнү жыга чабат. Мындан коркуп өз элибизге кетебиз деп Аргынбай, Күнтууган Анжиян тарапка көчүп баратканда Таластагы кушчу, саруу эли: “Кетпей эле бизге эл болгула”, - деп токтотуп калат. Аргынбай кадырлуу адам болгондуктан, ошол жерге аз жылы бий болуп туруп кайтыш болот. Күнтууган баласы Баяке экөө жашап туруп, Баякени күнтуу уруусунун кызына үйлөнтүп, куда-сөөк болуп калышат.
         Жантай Шабдан уулуна Талас саруу уруусу Бердикенин Качике бийдин кызы Шаакеге үйлөндүрөт. Ушул айылда Баяке жашап турган. Жантайдын кудасынын жигиттеринин арасында Баяке да болгон. Мунун шамдагай баатыр экенин Жантай байкайт. Кошо ала кетүүнү ойлоп, кудасынан: “Баякени мага бергиле” дейт. куда-сөөк болгондон, алар да каршылык кылбайт. Баяке да макул болот. Бирок кийин көчүп барып, Жантайга жигит болуп калган (Т.Э. 1-т. 169-бет) .

         ОРМОН ЧОҢ БОЛГОНБУ, ЖАНТАЙ ЧОҢ БОЛГОНБУ?                                                  (түзүмгө)
         Күз айларынын күндөрүнүн биринде Шабдан Карагоодогу (азыркы Кочкор кыштагы) Бай уулу Көбөгөн ажыныкына келиптир. Шабданга учурашабыз дешип, айылдын аттуу-баштуу кишилери да Көбөгөндүн үйүнө келишет. Шабдан: “Көбөгөн, баягы Ормондун жигити Саса баатыр барбы?” – деп калды. “Бар, бар”. “Бар болсо мында келе алар бекен, улгайып калды го кайран киши”. “Жок, улгайса да Сасакең тың, акыл-эси ордунда. Быйыл 86 жаштын насибин тартып турам” деп өгүнчөрөөк келип кеткен”. “Андай болсо Сасаны алдырып келе аласыңбы мында, атка минип-түшөбү?”. “О кокуй, Сасакем ушул азыр да сайышка түшчүдөй шымаланып турат” – Көбөгөн күлүп койду. Олтургандар да Көбөгөндүн сөзүн колдошту. “үстү тынч, жумшак ээр токутуп Сасаны алдырбайсыңбы”, - деди Шабдан Көбөгөнгө. Көбөгөн ат коштотуп, Сасага киши жиберди.
         Ормондун айылы Каракүнгөй-Карасазда, Көбөгөндүкү Карагоодо, эки айылдын ортосу алыс болгон. Сасага кеткен киши эрте бешимде кетип, көз байланып, иңир киргенде Сасаны алып келди. Саса үйгө киргенде, Шабдан ордунан туруп Саса менен кучакташып учурашып, ордун берип, өзү жанына отурду. Экөө элдин эсенчилигин сурашып жатышты. үйдө олтургандар: “Сасаны эмнеге алдырды, эртең күндүз чакыртса келбейт беле” деген ойдо болушкан.
    Бир аз тынымдан кийин Шабдан: “Сасаке, атчабым жерден алдырып, улгайып калганда кыйнап койдум көрүнөт. өзүм барып учурашсам болот эле, менден кемчилик кетип калды окшойт? Кечирип коюңуз, кыйналган жоксузбу?”. “Жоо, жок балам, эмнеге кыйналат элем, уй минип, төө минип келбесем, биздин айыл анчалык алыс эмес. Ортодо ашуусу бийик тоо, агыны катуу суу жок, түз жол. Буттун башын кыбыратпаган “жүрмөл” жылкы экен, көптөн бери атка минбей, аттын үстүн сагынып калыптырмын, чарчамак түгүл үстүнөн түшкүм келген жок.
    Илгерки жигит курагым эсиме түшүп, жолду-жолдото ыкыз бердирип, эргип жүрүп олтурдум”. Эл күлүп калышты: “Кайран кишинин сөөгү болот го, чиркин. Биз бу кишинин курагына барганда эмне болоор экенбиз? Капырай көзгө 40-50 чамасындай болуп көрүнөт” .
         Бир тынымдан кийин Шабдан дагы: “Сасаке, көптөн бери сизге жолугуп учурашсам деген оюмда бар эле. Ыңгайы келбей жүрдү. Анткеним, Ормон менен Жантайдын ортосунда качанкы бир болуп өткөн окуя эсимден кетпей жүрөт. Ошол окуяга сиз катыштыңыз эле, өз оозуңуздан уга албай жүрөм. Бирөө өйдө, бирөө ылдый айтат. Адамдын өз оозунан укканга жетеби. Сизден бир ооз сурайынчы деп чакырттым. “Ии, сура”. “Болгон чындыкты болгондой айтып бериңиз. Арасына жалган сөздөр кирип кетип, кайран сөздүн татыгын кетирип, даамын бузуп таштабасын”. “Э... балам, сурай баштачы сөзүңдү чубалтпай”. Шабдан: “Мен солтонун элине барганда “Кыргызда ким чоң болгон”, - десем, менин атамды аташып, “Жантай чоң болгон” дешет.
    Таласка барсам да Жантайды айтышты. Ат-Башы, Нарын, Жумгалдык саяктарга барсам Ормонду айтышат. Көлдүк бугулар да Ормон дейт. Казактарга барсам да Ормонду мактайт. Чүй тарабындагы кыргыздар “Жантайдан чоң кан болгон эмес” дешет. Сиз Ормонду да, Жантайды да, экөөнү тең жакшы билесиз. Булардын кимиси чоң болгон? Чындыгын айтып бериңизчи?”. Саса: “өмүрүмдө калп айтып, жалган сүйлөгөн адам эмесмин. Чындыкты сүйгөн, сүйлөгөн, туура сөздү туура айткан, кошоматчыны жек көргөн адаммын. Сен сурап калдың, мен айтып берейин, жакшылап угуп тур балам.
         Кыргыздын жеринин баары Ормондуку болучу. Каалаган жерине күздөп, кыштап, жайлаган. Кышында ары-бери өткөн киши айдап барып Челектин белинин карын күрөтүп, ашып түшүп казак жерине ак үйлүүгө барган (ак үйлүү деп бирөөнүн жерин баса көктөп, зордука салып, мал-жаны айыл-үйлүү менен келип отуруп алганды айтат. Ак үйлүүгө баргандын сойгон согуму, отун-суусу, ичкен-жегени, ошол жердеги элдин эсебинен болгон. Каалаганын берип турушат) .
    Бир жылы Чоң-Кеминге жылкы төлдөтөм деп көчүп барып, Жантайдын жерине конуп калды. Бир күнү Ормон мени чакырып калды. Келсем атыңды мин да Жантайды айдап кел деди. Мен шашып атымды минип жөнөдүм. Узай бергенимде Ормондун үнү чыкты. Кайра бардым. Ормондун түрү бузулуп калыптыр. Кандай айдап келесиң деди. Мен ойлоно түштүм да, Ормон чакырып жатат деп айдап келем дедим. “Жок, андай айдап келбейсиң, атчан турса атчан, жөө турса жөө, жылаңбаш турса жылаңбаш, жыңайлак турса жыңайлак айдап келесиң”. Мен оо, буйрук катуу экен деп кайра жөнөдүм.
    Силердин айыл анчалык алыс эмес болчу. Саан бээңер тартыш болобу кымызыңар кеч чыгып, ошого чейин топтошуп жоро ичип, үйдү кыдырып жүргөн адатыңар бар тура. Улам бир үйгө барып Жантай барбы дейм. Акырында кара төбөл үйдөн үн чыгат. Жорочулардын добушу окшойт, үйгө чукул барып үн салдым: “Оо, бул үйдө Жантай барбы?”. “Бар” деген Жантайдын үнү чыкты. “Бар болсоң чык бери” – дедим. “Ормондун жигити Сасанын үнү экен” дешип жорокечтер кобурагандай болду. Жантай эшикке чыга келди. “Жүр, сени Ормон чакырып жатат” - дедим. “Калпагымды кийейин” – деди. “Калпак кий деген эмес” - дедим. “Кепичимди кийейин” - деди. “Кепичиңди кий деген эмес” - дедим. “Атка минейин” - деди. “Атка мин деген эмес” -дедим. Ошол турушу менен Ормонго айдап келип бердим. Анан Ормон чоң экенин, Жантай чоң экенин баалабайсыңбы балам.
         Саса сөзүн бүтүрүп, Шабданды тиктеп калды. үй ичиндеги олтургандар үн чыгарбады. Шабдан Сасаны жылмая карап, тиктеп туруп анан бырс күлүп жиберди. үйдөгү олтургандар да күлдү. Саса гана күлгөн жок. Сакалын колдорунун салаасынан өткөрүп сылап, олтурган элге көз жүгүртүп карап калды. Шабдан сүйлөдү: “Сасаке сөзүңүздүн калети жок. Баракелде, туура айттыңыз. Мына сөз деп ушуну айт”, -деп Сасанын сөзүн кубаттап, сөзүн улады. “Ошондо мен 12 жашта элем. Атамдын кылычын кармап артыңызда тургам. Сиз атамды демитип, омуроолоп шаштыра баштаганда, сизди чаба турган болдум. Атам башын чайкап, “чаппа” дегендей белги берди. Токтоп калдым”. “Чаппаганың жакшы болгон, оо анда мен 30 жаштагы кезим болчу. 30 жаштагы жигитти 12 жаштагы бала чапкан менен эмне кылмак? Кылычымды суурап кайрылып туруп, сени эки бөлүп таштамакмын. Анда мындай Шабдан болбой калмаксың”. Шабдан дагы жылмайып күлдү. “Баракелде, сөз эмес бекен, сөзүңүздө калет жок. Сасаке, азыркы элдин кай бирлери туура сөздү туура айта албайт, кошоматтана берет.
    Чындыгында сиз айткандай кыргызда Ормондон чоң кан болгон эмес”. Саса сөзүн улады: “Эми балам сени Кыдыр колдоп турат, таалайың бар экен, Ормондон да, Жантайдан да сен чоң болдуң. Алардын атагы бул эле жерде калды. Сени казак-кыргыз, каапыр, бузурман баары тааныйт. Падышадан чен алдың. Баатыр атка кондуң. Мекеге барып, ажы болуп кайттың, Бадыша менен туз-насиптеш болуп Петирге барганда башка чоңдор анын эшигине баш бага албай жүрсө, сен падышанын дасторконунан даам сыздың. Эми кыргыз түгүл Орто Азия калкынан сага теңдеш жок. Бактың ачылып, дагы даражаң чоңоюп, соболоң көтөрүлүп, мартабаң аша берсин балам”.
    Саса сөзүнүн аягына чыкканда Көбөгөн Сасага суроо таштады: “Сасаке, Жантайды го айдаганын айдап келип бердиңиз, а Ормон эмне кылды аны, жыңалбаш, жыңайлак айдатып алып?”. Саса чочугандай “а” деп ордунан көтөрүлө түшүп: “Атакөрү, мен сөзүмдүн аягына чыкпай калган турбаймынбы, аны менден көрбөгүлө, карылыктан көргүлө, карыганда адам акылынан танып, бирөөгө айтайын деген сөзүн айта албай калат экен. Мен Жантайды алып келгенче Ормон төөлөрүн аралап жүрүптүр.
    Жантай Ормондун алдына келип эки тизесин бүгүп, чөгөлөй калды да колдорун бооруна алып, башын ийип “Кулдугум бар баатыр. Чакырткан экенсиз” деп таазим кылды. Ормон Жантайды карап да койгон жок. Улам бир топтон бөлүнүп обочологон төөлөрүн “чөк-чөк” деп тосумуш болуп басып кетип жатты. Жантай ага болбой кайра, кайра Ормондун алдына тизе бүгө берди. Жантай 3-4 жолу кайталагандан кийин Ормон токтой калды да: “Кыргызда кызыл топу бирөө гана болот, ошону билип жүр, тур кет” деп койду. Жантай артын карабай басып кетти. О көптөн кийин Жантайдын карааны бүдөмүктөп калган кезде, Жантай жакты тиктеп туруп, санын бир чаап алды да, оң колу менен оозун карманды: “Бекер иш кылган экенбиз, Саса”, - деди. “Жантай башка адам экен го, акыры менин тукумум мунун тукумуна кор болуп кала турган болду го”, - деп тегеренип басып кетти.
         Мына балдар илгерки элдин да алдын ала билген. Ошондой аярлары бар адамдары болгон. Ормон да ошолордун бири болучу. Эртеси Көбөгөн Саса минип келген жоргону келишкен токулчасы менен Шабдандын алдына тартты. Шабдан атты минген жок. Жанында турган Сасаны колтугунан сүйөп, ошол жоргого өзү атказды. Саса алакан жайып, ак батасын берип, Каракүнгөйдөгү үйүнө жол тартты (Ш.К. 155-160-бет.) .
         Болжолдо бул окуя 1851-жылга туура келет. Саса 1821-жылы туулган болот. Шабдан менен Саса кезигип, аныгын сураганы 1907-жылга туура келет.

         Схема 248. Стр.429

         Схема 249. Стр.430

         Схема 250. Стр.431

         Схема 251. Стр.432

         Схема 252. Стр.433

         Схема 253. Стр.434

         Схема 254. Стр.435

         Схема 255. Стр.436

         Схема 256. Стр.437

         Схема 257. Стр.438

         Схема 258. Стр.439

         Схема 259. Стр.440

         ДӨӨЛӨСТҮН (ДӨӨЛӨСБАКТЫ) КӨКМОНЧОК ДЕГЕН АЯЛЫНАН ТӨРӨЛГӨН БАЛАСЫ ЭЛЧИБЕК ЖӨНҮНДӨ                                                  (түзүмгө)
         Кыргыз менен калмактын ортосунда илгери көп согуштар болуп, бирде калмактар, бирде кыргыздар жеңген. Ушундай согуштун биринде калмактар жеңилип, Дөөлөскө баш ийип калышат. Дөөлөс өз элин жана өзүнө караган калмактарды башкарып турат. Ошол кезде калмактын Көкмончок аттуу бир кызы Дөөлөстү көрүп: “Бул кишиден бир асылбала төрөлөт, мен буга тийемин” деп жеңелерине айтат. Алар аркылуу кыздын ата-энесине угулат. Бул сөздү Дөөлөс да угуп, кызды көрүп, көңүлүнө жагат. Кыздын ата-энеси да макул болуп Дөөлөс үйлөнөт.
         Көкмончок 5-6 бала төрөйт, бирок ал балдарына азан чакырып аты коюлбаптыр. Көкмончок кийинки баласын төрөгөндө Дөөлөскө: “Ээй бийим, балдарыңа ушул күнгө чейин азан чакырып, аттары коюла элек. Бул кенже балаңа азан чакырып, ат койдурбайсызбы?” – деген экен. Дөөлөс балдарын чогултуп караса, алардын баштары таз экен. Ошондо балдарынын атын таздар деп коюптур. Кенже баласына азан чакырып, атын Элчибек коюптур.

         Схема 260. Стр.441

         Схема 261. Стр.442

         Элчибектен тарагандар негизинен Кемин районунун аймагында жайгашкан. Элчибектин балдарынан жазылбай калганы: .
         Атамат – Калча, Черикчи.
         Аалыбек - Карабоко.
         Жунуш - Моюнчу.
         Элчибектин тукуму ар кайсы жерде чачкын жашайт. Мисалы: Райымбек, Аалыбектин тукуму Кочкордун Чоң-Булагы, Теңдикте жашайт. Эшмурат малдуу, бай, тукуму Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой деген жеринде жашайт. Чоң чокой, Кичине чокой деген байлары болуптур. Моюнчу баласынын азан чакырып койгон аты башка экен. Күндөрдүн биринде бир топ кишилер боз үйдө эт жеп олтуруп, сөздөн-сөз чыгып, үйдү бир айланып чыкканча, ушул койдун мойнун ким омуруп берет дегенде: “Мен омкором” деп мелдешкен адам моюнду омкоруп таштайт, бир киши үйдү айланып чыкканча. Ошондон өз аты айтылбай Моюнчу деп айтылып калыптыр деген сөз бар (таз балдардан) .

         Схема 262. Стр.443

         АБДЫРАКМАНОВ НУРАКТЫН БАЯНЫ.                                                  (түзүмгө)

    (“Улуу баян”. 2007-ж. басылган китебинен).      Схема 263. Стр.444

         Касыдан бала болбогондон энчини экиге: элди, жерди, малды бөлүп, Касы менен Ак уулга оң жагы, Куу уулга сол жагы тийген. Ошондон кыргыздын “оң”, “сол” деп айтылышы пайда болгон деп айтылат. Солго: кушчу, саруу, базыс, жетиген, агынай, кытай, алакчын, мундуз кирет. Кумар уулу Балык (1793-1875-жылдары) жашап өткөн. Мунун чөбөрөсү Эшенгул (16-бет) .
         Зулум-Каба-Акман-Абакан: Ак үйлү, Кара үйлү, Бээбайлабас-Абык, Шыдыр, Кыйра, Көкайдар, Дүрбөл.
         Булакандын инилеринен – Омон, Чомон, Черикчи, Жолдубай (Ажыбай), Эшкожо, Токтосопу, Айтакун.
         Нармат, Абдыракман, Мамбетаип – Элеман. Абдыракмандан: Зарлык (3 уулу, 9 кызы бар), Нурак (8 уулу, 6 кызы бар, Акберди (3 кызы бар) .
         Айтакундун аялы төрөбөгөндүктөн агасы Токтосопун баласы Абдыракманды 1894-жылы төрөгөндө сурап алып, багып алат. Айтакун болуш болгон экен (Н.А. 528-бет). Айтакун атасын ээрчип жүрүп, айлана-чөйрөдө болуп, Жанболоттун урпагы Султангазы райондук болуш болгондо Абдыракман жардамчысы болуп иштеген экен. Ак-Талаа аймагында Мусакожо болуш болгон экен. Бул кишинин айтуусу боюнча эл үркүндө Ак-Талаа аймагындагы эл көчпөй калган. Качан совет бийлиги байларды, болуштук ишке аралашкандарды 1930-1932-жылдары кулакка тарта баштаганда Айтакунду, Султангазыны да кулакка тартып, түрмөдө өлгөн экен.
    Мал-мүлкүн конпискалайт. Малсыз калышат. Абдыракман Соң-Көлдүн тоолоруна жашынат. Тоодон үңкүр казып, мергенчилик менен жашап калат. үй-бүлөсүн, ага-туугандарын багууга аракет кылган. Ага-инилеринин үй-бүлөсүн багып, балдарын чоңойткон экен. Абдыракмандын 1-аялы үкүдөн: Зарлык, Куматай кызы. үкү кайтыш болуптур (538-б.) .
    Mамбетаиптен Элеман төрөлгөн. Мабетаип кайтыш болуп, аялы Уулбүбүнү Абдыракман алат. Мындан: Нурак, Акберди төрөлөт. Саяк уруусунун ичинде Мойноктун Манас уулу, 30 түтүнчө тукуму ага-инилердин балдары Сагынбай (манасчы), “Конокбайдын кызы Уулбүбүдөн 1946-жылы 19-октябрда Соң-Көл тоолорунун Сары-Иймек деген жеринде төрөлдүм”, - дейт Нурак (Н.А. 12-бет) .
         Черикчи бай туугандары менен батышпай Кетмен-Төбөгө көчүп кеткен экен. Черикчи байдын жылкысына Суусамыр элинин жигиттери келип, эки ортодо чабыш болуп, Черикчи өлөт. 7 жаштагы баласы Жолдубай (Ажыбай) кичи аялы менен колго түшөт. Аялы өлөөр алдында Нарын элине бул абалдан куткараар атаң Черикчинин досу Жанболот деген киши деп Жолдубайга айтып, көп узабай кайтыш болот. Жолдубай 15 жашка чейин кулдук абалда болот. Суусамыр аймагындагы айылга Жанболот келип калат.
    Издеген адамы өзү кезиккенче сүйүнгөн Жолдубай башынан өткөндөрүн айтып берет да, эми мени куткарып кетпейсизби дейт. сени ачык куткарып кетүү колумдан келбейт. Тетиги тоонун этегинде үч күнү күтөм. Колуңдан келсе, ошол жерге качып кел. Андан ары алып кетейин дейт. ошол убада боюнча ыгын таап, ошол байдын бир атын минип, түн ичинде качып Жолдубай Жанболотко кошулат. Экөө Жумгалды басып, Соң-Көлдү ашып, Курткага келишет. Ошентип кулдуктан Жолдубай бир күнү кутулганю жанболотту ээрчип мергенчиликке чыгат. Тоодон бир кийик атып алышса, үнүн угуп Байжан жигиттери менен келип, эмне үчүн менин кийигимди уруксатсыз атып алдыңар деп Жанболот, Жолдубайды сабайт.
    Кийиктин этин бүт алып, силерге жетет деп кийиктин боорун берип кетет. Ыргыткан боорду экөө албайт. Боор коктуда калат. Ал кокту “Боор албас” деп азыр да айтылып турат (529-бет). Карга, Тоймат бир тууган. Каргадан Байжан, Тойматтан Жанболот. 1-аялы Коңур Жанболотту ар кандай шылтоолор менен уруп, тилдеп туручу экен. Буга жаны кашайып, 16 жашка чыкканда Тойматтын көзүнчө Коңурду сабап, 9 байталды, бир айгырды алып, Тогуз-Торо аркылуу Жалал-Абатка кирип кетет. Мында тууганы Токтоназар баатырдыкына байырлайт. Черикчи бай менен жамаатташ жашачу экен. Жанболот Черикчи менен бирге жашап, дос болушкан. Жанболот бир жылдан кийин элине кайра келген (Н.А. 527-бет).
         Байжан Жанболотту ар кандай шылтоо менен кордоп турчу экен. Акыры Жанболот өлтүрүүнү чечет. Буга Жолдубайды жумшайт. Жанболоттун акылы менен макулдашып, Жолдубай Суусамырдагы байдыкына барат. Кайда жүрдүң деген суроосуна: “Ээн жаткан жылкы издеп жүрдүм. Соң-Көлдүн аркы бетинде Куртка деген айылдын жылкысы ээн жатат. Жигит топтоп бериңиз, барып алып келели”, - дегенде жигиттерин топтоп Жолдубайга кошуп берет.
    Ал жигиттери менен келип Көгөйдүн талаасында жаткан Байжандын жылкысын алып, Соң-Көл тарапка айдатып жиберип, өзү Шоргоодогу Байжандыкына келип: “Байжаке жатасызбы кабарсыз? Жылкыңды жоо алып кетти”, - деп аттан түшпөстөн кыйкырат. Байжан таптап минген атына минип: “Жигиттер, силер камынып келе бергиле. Биз жолум экөөбүз жоонун артынан акмалай берели”, - деп айбалта, найзасын алып жөнөйт. Бабык тоосун кыркуулап өтүп, Кайырманын жолколотуна киргенде Жолдубай колтугуна кийиз байпакка салынган таш менен Байжанды башка чаап өлтүрөт. Арт жактагы Байжандын жигиттери келгенде Жолдубай Байжандын айбалтасын таянып, Байжанды жоктоп өкүрүп турган болот.
    Жоо өлтүрүп кетти, жүргүлө жок дегенде жылкыны ажыратып калалы деп Байжандын жигиттерин баштап Соң-Көлдүн Жакаш ашуусунан жылкыны ажыратып, кайрып келишет. Акыры бул иши билинип, Байжандын туугандары Жолдубайды өлтүрүүнү макулдашат. Аны билген Жанболот Жолдубайдын алдына бир айгыр үйүрү жылкы айдатып, Тогуз-Торо, Жалал-Абадка чейинки жолдун бетиндеги Кедей-Таппас деген жерге барса туугандарына кошулаарын түшүндүрүп, качырып жиберет (анын эсесине кийин Байжандын урпактары Аалы атаны атып өлтүрүшкөн). Ошентип Жолдубай туугандарына барып кошулат.
         Нурак комуз чертүүнү 6 жашынан атасы Абдыракмандан үйрөнгөн “Бала комузчу” деп аталган. Бул “Улуу баян” китебин” баласы Таалайбек жана башкалардын өтүнүчү боюнча Японияга үчүнчү ирет барганда, 1998-жылдын 15-августунда, Токио шаарында “Кеоплаза” (падышанын уясы) деген мейманкананын 24-кабатындагы 29-бөлмөсүндө олтуруп жаза баштаган экен (Н.А. 2007-ж. 6-бет). Концерт коюп жүргөн убагында ата салтыбыз боюнча өз дарегин билбеген инсанды “жетесиз кул”, “манкурт” деп киши катарына кошпой кемсинтет. Ошондуктан айрыкча кыргыз баласы 7 атасын билиши зарыл.
         Совет саясаты өзүнө баш ийген калктардын бардыгын “советтик” улутка айландыруу максатында бардык жагынан кысым жасагандыктан ушундай абалга кириптер болду. Бул орустан бөлөк улуттарга тийиштүү өксүк эле. 1926-жылы эл каттоодо СССРдин курамына 194 улут катталган болсо, 1979-жылы эл каттоодо 101 улут катталган. Демек, 53-жылда 93 улут жоголгон. Көп улуттар орус улутуна айланып кеткендей байкалат. Биздин Бишкекте 100дөн көп орто мектептен 3 кыргыз мектеп калгандыгы айтылат.
         Нурактын “Улуу баян” аттуу китеби жазылып бүтүп, басмаканада басылып, 2007-жылы чыккан. Бул китепте: Булан хандан: Жамгырчын, Бөкөй. Жамгырчыдан Саринжи, Бөкөйдөн 4 мууну, кыбырасы Борончу уулу Ысмайыл. Кыргыздын кийинки атактуулары: Алаш, Булаш, Бурут. Алаштын урпактары “цяньгун”, “хун”, “гун” деп, Булаштын урпактары “гегун”, Буруттун урпактары “гяньгун” деп аталган.
         Бишкек баатыр Анжиян тараптан Кара-Балта аймагына келип, калмак тилинде аталган Кегети аймагына чейин ээлеп жаткан калмактардын башчыларына 40 байтал тартуу жиберет. “Күзүндөгү шамалды мага саткын” деген өтүнүчүн кошо айттырат. Калмактын эл башчылары: “Бул кандай келесоо кыргыз көчүп келген. Кудайдын шамалын да сурайбы? Сураса күзүндөгү шамалды бердик, саттык” - дешип, 40 байталды бөлүп алышып, тынчып калышат.
         Бишкек баатыр күзгө чейин жер өңүтүн алып, калмактардын күчүнө өлчөп күч топтоп, жашыруун даярданат. Күзүндө калмактар эгинин оруп, кырманга бастырып, шамалга сапыра баштаганда, Бишкек баатыр: “Эмне үчүн мага саткан шамалды уруксаатсыз пайдаланып жатасыңар?” – деп, капыстан шылтоо менен чабуул салып, калмактарды Чүйдөн айдап чыккан экен. өзү азыркы Бишкек шаарынын Фучик паркы турган жерге (Кербен сарай) мейманкана салып, ары-бери өткөн соодагерлерге соода болуп турган экен. Кийин Бишкек аталып, борбор шаарыбыз болду (Н.А. 15-бет) .

         АДИЛ (АТТИЛА) БАЯНЫ                                                  (түзүмгө)
          (Н.А. 2007-ж. б.к. 30-бет)
         Волга, Дон дарыяларынын боюнда турган заманда гундардын өкүидары Баламирдин өмүрү бүт согуш менен өткөн экен. IV кылымда (Н.Карамзиндин даректери боюнча биздин эранын 377-жылы) мына ошол Баламир баласынан атын Мундуу-угуз деп коёт. Байыркы “Кер-угузду” – кыргыз деп, “Чын-угузханды” Чынгызхан деп атагандай, тилибиздин ыңгайына карата бара-бара Мундуз деп өзгөртүп алдык.
         Мундуздун инилери Иригул, Октар, Айбарс. Булар жетилип, атасынын иштерин улап, айланасындагы элди багындырып алышкан. Мундуз падышанын доорунда Дунай дарыясынын жээгинде арабанын үстүндө 100 баштуу диаметри 8 метр болгон боз үйдө 395-жылы төрөлгөн баласына Мундуз атасы – Адил (Аттила) деп атын койгон. Ошол мезгилде батыштын эли бүркүттү “атла” дешкен. Мүмкүн баланын мүнөзүн бүркүткө салыштырып Адил дегендин ордуна эл Аттила деп коюшкандыр.
    Мундуздун кичүү баласы Белек. Мундуз – 32 атасын атай билген. Ал заманда айрым падышалар балдарын алмашып, барымтага беришкен экен. Ошол заманда римдик Гонориус деген падышага Аттиланы 12 жашында барымтага берип, анын ордуна Итиус деген баланы алган экен. Гонориус падыша Аттиланын чачын кырктырып, жакшы кийиндирип, тамакты түзүк бердирген. Римдик падышанын максаты: Аттилага Ирим империясынын салт-санаа, динин үйрөтүп, Аттила аркылуу гундарды христиан динине өткөрүп, гундарды баш ийдирип алабыз деп ойлошкон.
         Аттила соттордун ишине катышып, ички-тышкы саясатты үйрөнүп, армиянын кандай куралгандыгын бүт иликтеп үйрөнгөн. Элин, ата-энесин сагынып, куса болуп кыйналган. Аттиланын өнөрү аңчылык маалында өтө даңазаланган. Аттиланын атасы Мундуз эрте өлгөн. Аттила барымтада жүргөн кезде кайтыш болуптур. Мундуздун бийлиги иниси Иригулдун колунда калат.
    Иригулдун баласы болбогондон Мундуздун баласы Белекти алып тарбиялап Аттила Римден кайтып келгенде Иригулдун сынынан өтүш үчүн жана атасы Мундуздун кунун кубалап, христиан дининдеги коңшу калкка чабуул салат, сармат элине. Ал элдин өкүмдары Конунг Озантрикстин Эрке, Борте кыздарын олжолоп алат. Эрке энеден: Элнак, Эрнак төрөлөт Эрнагы биздин түп атабыз экенин эскертип өтөйүн). Ошентип Адил, Белек эрежеге жеткенде Иригул Гун империясын экиге бөлүп, түштүк тарабын Белек хан ээлеп, өзүнө хан ордо катары Чоң Токмок, кичине Токмок деген шаар курган (бул шаарлар аты өзгөрүлбөй Азов деңизинин түндүк тарабында турат). Түндүк тарабын Адилхан (Аттила) ээлеген үчүн Байыркы Атил (Итил) же Волга дарыясынын боюна Сузак деген шаар курган. Адилхан өлгөндөн кийин Сузак шаары Адил, Атил, акыры Итиль болуп өзгөргөн.
         Аттиланын падышалык арааны тез көтөрүлүп, айланасындагы көп өлкөлөрдү багындырып, алардан алык-салык алып турган экен. Ал өклөрөдүн өкүмдарлары тынч жашоо үчүн өз кыздарын Аттилага тартуулап, берип турган экен. Ошондон Аттиланын 300дөн көп аялы болуп, 184төн ашык уулдары болгону айтылат. Белек хандын аялдары, балдары аз болсо дагы Мундуздун неберелери 700 чамалуу болгон деп айтылат. Ошол себептүү “Асманда жылдыз көп, жерде мундуз көп” деген эл макалы пайда болгон.
    Аттила 450-жылы Италия, Франция жергесин басып алган. 451-жылы Римге жортуул жасап, кезиккен элди багындырып, аскерлери Римге жакын калганда, кол сала турган болгондо Рим императорлугу (Рим папасы) Лео I деген жан-жөкөрлөрү менен Аттиланын алдынан тосуп чыгып, аны менен сүйлөшкөндө Аттила аскерин кайра алып кетет. Аттиланын балдары нааразы болот. Аттила: “Атымдын буту жеткен жерге чейин падышалык бийлик кылам”, - деп аскерин таратпастан батыш тараптагы калктарды багындырып жүрүп олтуруп, “Кары калың, кышы суук” жерге барат.
    Аттиланын баш вазири, тууганы Төлөк баатыр – комузчу, акын, акылман, ат көтөргүс зор адам болгондуктан дайыма шүдүңкүт өгүздү минип жүрчү экен. Төлөк баатырдын минген өгүзү Париж чөлкөмүнө барганда чарчап баспай, артта кала баштайт. Аскерди баштап бараткан Төлөк ачуусу келип, “өш” деп үнүн катуу чыгарып камчыланат. Бул үндү угуп Аттила Төлөктүн эмнеге кыйкырганын сураштырса: “Шүдүңкүт баспай калыптыр” – деп жооп беришет. Анда ушул жерге токтогула деп буйрук берет. Ошол жерге токтоп калышат. Ошондон Ош деп атала баштайт.
         Аттила ошол Ош деген отуругунда падышалык бийлигин жүргүзүп турганда, капыстан ооруп калганда, кайтыш болоорун сезип, вазири Төлөктү чакырып, керээз кебин айтат. “Башчысы бир, баатыр миң болсо эл болот. Эгер башчы эки же көп болсо эл бузулат. Жаз чыкканда элди өз мекенибизге алып кет. Көзүм өтсө чоочун элдин арасында элим кор болуп калат”, - деп табыштайт. Аттиланын айткандары: “Адамдын көздөгөн максаты үстүртөн болсо, анын жыйынтыгы дагы үстүртөн болот”. “Жетекчи болуу “бул жалгыз болуу” дегендик”. “Аскеринин артында жүргөн кол башчы, ал колбашчы эмес”. “Туура эмес суроо берген падыша, туура эмес жооп алат”. “Акылман эл башчысы жаман кабар алып келген кабарчыны өлтүрбөстөн, ал жаман кабарды жашырган адамды өлтүрүүгө тийиш” .
         өз доорунда Аттилакан акылдуу падыша болгон. Балканды каратып, ошол жерде өлгөн. Вазири Төлөк аялына, баласына, элине комуздун күүсү менен Аттилахандын өлгөндүгүн угузган. Кандык Ороздуга өткөн. Ысык-Көл аймагындагы Шалба айылында (1903-1994-жылдары) жашап өткөн Жанаалы уулу Асанбектен калган уламышта анын уулу үрүстөм айтып берди – Адил падыша – Кундуз тагында олтуруп, келген элди кабыл алып сүйлөшүп, кечинде жупуну, жөнөкөй кийинип алып, эл аралап, элдин жашоо-турмушу менен таанышып туручу экен (Н.А. 2007-ж. 401-бет) .
    Аттила аскер башчыларынын бирөөнүн күнөөсү болгон үчүн, аны өлүмгө буюрат. Ал күнөөкөрдү куткаруу үчүн анын кызы арача түшөт. Аттила кечирим бербестен аскер башчысын өлтүртөт. Бирок арага түшкөн кызга үйлөнүүгө көңүлү бар экенин билдирет. Жан-жөкөрлөр кеңешип – Аттила жаш кызга үйлөнсө карылыкка алдырбай, көп жылдарга чейин Гун империясын башкарып турат деген ишеним менен кызды аялдыкка алып беришет.
    үйлөнүү үлпөтү өтө шаан-шөкөт менен өтүп, нике тойдун эртеси падышанын үйүнүн каалгасы ичинен илинген боюнча ачылбай калат. Жан-жөкөрлөрү каалганы сындырып үйгө киришсе, падыша өз төшөгүндө өз канына чыланып, өлүп жатат. Анын өлүмүн өчү бар колуктудан көрсө, айрымдары балдарынын нааразылыгынын натыйжасы дешет. Айрымдары, карылыктан чыдабай жоон ичегинин тамырлары жарылгандан дешет (58 жашында өлгөн) .
    Адилхандын (Аттила) өлүмү эр намысы козголуп, ашыкча аракеттенген үчүн жоон ичегидеги кан тамыры жарылып, кансырап өлгөндүгү чындыкка жатат. Аттиланы Тиса деген Дунайга куйган дарыянын түбүнө көмүшкөн.
         Аттыла өлгөндө кыргыздар чуу чыгарып ыйлаган үчүн “аты чуулуу Атылахан” деген лакап айтылып калган. Ошондон бери (үн, өкүрүү) чуу чыгарып турган адатыбыз сакталып калган экен. Аттыла өлгөндөн кийин эли, аскери өз жерине кайтып кеткен экен. Айрымдары, кетпей калгандары ошол жерде жашап, кийин шаарга айланат. Ош шаары Париждин аймагында турат. Аттиланын аскери Парижге жетпей токтогон. Аттилага Рим императорунун карындашы Гонория, ага өзү колун сунуш кылган. Аттила кайтыш болгондон кийин гундардын коркунучу азайган деп айтылат. Адил (Аттила) 434-453-жылга чейин падышалык бийлигин жүргүзгөнү айтылат.
    Балдары бийликти талашып, Гун империясын майда бөлүктөргө бөлүп таштайт. Гун падышалыгы кулагандан кийин гундарды Дон, Азов деңизинин боюнан кууп салып, Сузак шаарын хазарлар ээлеп калат. XIII кылымда Каспий деңизи 17 метрге көтөрүлүп, Кавказ, Иран өлкөлөрү тоолуу болгондон аман калган.
    Түздүктө жайгашкан Хазар мамлекети кыйроого кабылып, хазарлар мекенин таштап, Сарай шаарына Белек хандын балдары аз болсо да кийинки урпактары “аз” уруусу болуп аталып, андан улам Азов деңизинин аталышы Кара деңизге салыштырганда көлөмү кичине, суусу аз экендигине байланыштырышат. “Аз” деген бөлүгү “деңиздин суусу” деген маанини билдирсе, “ов” бөлүгү “суу” деген маанини билдиргени. Демек, “аз”, “об” деген сөздөр куралып, “Азов” болуп калган деп айтылат.
         Эрнак, Элнак бийлик талашып урушуп, Элнак өлүп, анын урпактары азыркы Венгрия жергесине бөлүнүп кетишкен. Венгрия калкынын негизги басымдуу бөлүгү бүгүнкү күнү угра-фин урууларынан турат экен.
         Эрнак падышанын уулу – Карачхан өтө каардуу, залим падыша болуп, күнөөсүз адамдарды көп өлтүргөн үчүн “кан ичме Карач” деп аталган. Карач хандын урпагы – Орозду баштап алып Орто Азия, же Сырдарыянын боюна келген. VI кылымда Ирандын шахы Хосров Анушервандын учуруна туура келет.
         Орозду Сырдарыянын боюна ордо салып, кутту койгон экен. Ошол кезде кыпчактан Барман Орозду достошуп, аялдарынын боюнда бар кезинде бел куда болушат. Бирок экөөнүн аялдары эркек төрөйт. Ороздун баласына Отор деп, Барман баласына Токтор деп атын коюшат. Экөөнү достоштурат. Ошол учурда 19 уруу коңураттан Сарыбай баатыр, 7 уруу угуздан Желдең баатыр чыгат. Оторго – жасак башы (аскер башы) “Берен” деген наам берилет. Кийин Отор хандыкка шайланат.
    Разы менен Арланга үйлөнүү тою кошо өткөрүлөт. Отор хандын тушунда аскер кууру күч алып, кол башчыларга аскердик наам берилет. Берен, Нойон, Кыраан, 1000 башы, 100, 10 башы деп аталат. Төрө мырза, аяр наамы берилген. Төрө – диндин башында тургандарга берилген, мырза – жазуу иштерин жүргүзгөндөргө, аяр – ички тартипти башкаргандарга. Төрө наамга – Желдең, Барман татыктуу болгон. Мырзага – Тарак, Жолон. Берен – Сарыбайга берилген. Кыраан – Турта, Токторго.
         Ирандыктарды кубалап чыккандан кийин Оторхандын убагында тектеш: кыргыз, казак, кыпчак, курама, жедигер, калча, кытай, катаган, 19 уруу коңурат, 12 уруу тайчык, 7 уруу желдең, каракалпак, ногой, түркмөн, эштек, кыят биригип Оторханга өттү. Отордун уулу – Ургер жанына тынч жай Ургенч суусунун боюна шаар салдырды. Каалагандай жашап, өмүрүн өткөрдү. Бирок анын баласы – Барак хан деген баласы тың болуп, элдин келечегин ойлоп, чоң атасынын ордуна хан болуп, ишин улантты. Барак хандын жаштыгынан пайдаланып ирандыктар согуш ачты. Фарстар менен мадьярлар катуу талкаланды. Ирандыктар жеңилип, мадиярдын жерин, элин угусдарга берип элдешти.
         Кийин Барак мадиярды, чубаш, уйгур, каңгы угуздарына кошуп алып, кытай менен калмакка, Манжурияга чабуул салды. Жеңгенден кийин Отор шаарына курултай өткөрүп, башкарууга жеңил болсун үчүн эл менен макулдашып, өзүнө караган элди 9 хандыкка бөлдү. 1) ооган, 12 урук. 2) 10 сан барак. 3) кыпчак, жедигер, калча. 4) 19 уруу коңурат, 12 уруу тайчык, кара маңгыт, катаган. 5) казак, каракалпак, курама. Маңгыт кыргыз биригип Жолонун уулу Чынтемир башкарды. 6) 10 сан ногой өзүнчө көкчө башкарды. 7) түркмөндөр – Атактын уулу Меди. 8) уйгур өзүнчө. 9) найман, каңгы биригип, өзүнчө хандык түзүлүп, Алтайды жердеди. Эл тынчыды. Кандар Барак хандын сөзүн угуп, иштеди. Барак хан чыгарган акча элдин соодасына кирди.
         Барак хан өлгөндөн кийин уулу – Аланча хан болду. Ат үстүнөн түшпөй аймагын согуш менен кеңейтти. Искиптерди талкалап, Кавказ, Кырымды каратты. Индия, Кытайга коркунуч туудуруп жатканда өлдү. Ордуна уулу – Боруке хан болгондо, кой үстүнө торгой жумурткалады. Ал убакта Самаркантты – Борукенин уулу – Тооке бийлеп, үргөнчтү үркөр хандын урпагы Эртегинин Эр Шоорук ээлейт. Кийин экөө согушуп, Тооке ханды өлтүрүп, Самаркантты ээлейт. Тоокеге караган кыргыздар жети сууга сүрүлөт. Ал убакта 7 сууга Талас, Чүй, Иле, Ысык-Көл, Каратал, Көксу, Лепси суулары агып жаткан өрөөндөрдү атаган.
    Тоокенин уулу – Калыбай кыргыздарды ээрчитип келип, 7 сууга бөлүп, өзүнүн ордосун Карабалта суусун Чүйгө куйган жерине курган. Ал жер кийин Калы куту Капка-Таш деп аталган. Мундуз – Адил (Аттила) – 2-уулу Эрнактан: Карачкандан кийинкилери: Орозду хан (VI к.) – Оторхан – Ургерхан – Калыбай (Калыбий) – Баласагын – Бекарстан Ташы – Береке (Белеке) каган: Капаган, Могилян Култегин (VIII к. 395-453-жылдар). Мындан кийинкилери: Карахан, Алп Эр Тонга (Афросиаб) – Барсхан – Арсланхан (X к.) – Абалхандан кийинкилери: Тынчтыкбек, Чоротегин. Арсланкаракандын кичи уулу – Сатуктегин Кашкар тараптын өкүмдары Буура Кадыр канга баш калкалап барганына караганда Абалхан 1-аялдан, Сатуктегин 2-аялдан төрөлгөнү байкалат.
         Арсланкаракан кайтыш болгондон кийин Сатуктегинди Абалкан Кашкар тарапка айдап салган. Качан Сатуктегин Кашкар тараптын өкүмдары болгондон тартып анын жана урпактарынын ысымына “буура” деген кошумча жазылат (485-бет). Калыбай бийдин аялы маңгыт уруусу Сармандын карындашы болгон. Калыбайдан: Сагын, Арашан. Сагын 12 жашында Баласагын деп аталган. Бул эмчи, тамырчы, төлгөчү болгон. Сагынга казактын Абак бийинин кызы Балганды алып берген. Мындан Ташы, Талас төрөлгөн. Ташы 3кө чыкканда, небереңер Ташы менден артык болбосо, кем болбос деп ата-эне, элинен бата алып, батыш тарапка кетет. Чоң аталарынын арбагына дуба кылып, Румга, Сирияга, Мисирге, Индияга, Тибетке чейин барып, кайра келгенде уулу Ташы 17ге чыгып, эл оозуна алынып, эл ишенимине ээ болуп калган экен.
    Той берип ата, эне, эли менен учурашып, өзү көргөндөрүн айтып берет. Калыбай атасы мурутунан күлүп: “Эл кыдырып дубана болбо десем болбой кеттиң элең, эмне мураска жеттиң” дегенде, Сагын: “Ээ ата, жөн жаткандан көрө эл көргөн жакшы экенин билдим. Жакшы менен жаманды билдим, өткөн менен жоголуп бара жаткан элдин айырмасын билдим, ат жакшысы арада, эр жакшысы калбада боло турганын байкадым; шаар калаа калбаса эл болбосун түшүндүм, жазуу, окуу болбосо, билимдин өспөсүн түшүндүм, атчан жасактан жөө жасак күчтүү боло турганын билдим. Ата-бабабыздын шаары Оторду басып алуу зарыл экенин билдим”, - дептир.
    Ошол мезгилде Какшаал тараптагы калмак элинен Боролдой-Боом деген баатырлар Чүйдөгү кыргызды чаап алмак үчүн аскери менен Ысык-Көл аркылуу Боом капчыгайына келет. Бул кабарды уккан Чүйдөгү Калыбий камынып, Боом капчыгайынын чыга беришиндеги азыркы Боролдой айылы турган жерде тозуп турушат. Түн мезгилинде чалгынга чыккан Баласагын капчыгайдын ичинде жол чалып келе жаткан Боом баатырга капыстан беттешип калып, Боом баатырды өлтүрөт. Ошол себептен “Боом” капчыгай деп аталган экен. Эртеси калмактарды капчыгайдан Боролдой баатыр баштап чыгып, кыргыздар менен беттешет. Жекеге чыккан Боролдой баатырдын айбатынан, сүрүнөн далай баатырдын арасынан 17 жаштагы Ташы чыгып, элдин батасын сурайт. Калыбий “Баламдын шагы сынбасын, бактысы ачылсын” деп урусат берет.
         Ошентип элдин батасын алган Ташы жекеге чыгат. Ал жеке сайышта Боролдойду найза менен аттан түшүрө сайып, башын кесип алат. Башчысыз калган калмактарды өз жерине сүрүп салышат. Ошол себептен Боролдой өлгөн жер айылдын аталышы болуп калат. Кийин Ташы Самаркант тарапка кагандыкка шайланганда, эл анын ысымын Бек арыстан деп которгон үчүн Бекарстан ташы деген аталыш дастанга айланды.
    Боролдойдун башын кабакка таштап коюшкан. “Менин комузчулук өнөрүмдүн тушоосу ушул дастан күү менен кесилген”, - дейт Нурак өзү. Боролдой Боомду жеңген соң Жети суу кандыгы түзүлүп, Баласагын хан болот. Токмоктун үстүнө ордо курган. Ал Баласагын шаары деп аталат. Ташыга Карача бийдин кызы Мактымды алып бермек болгондо, Мактымга кызыккан Карача бий Ногойго карап турган Кокчо калаасынын бийи болгон. Ногойдун ханы Жанчар хандын уулу – Кочкоркан Карача бийдин агасынын баласы Күнтуума менен жашыруун макулдашып, Мактымды өзү алмак болот.
         Баласагын Ташыга маүгыт Сарман баатырды кошуп Мактымга жиберет. Агыш баатыр 40 жигити менен Ташыга кошулуп Карача бийге жуучуга барганда Мактымды берүүгө макул болот. Бирок Кочкоркандын сүйлөшкөнүн билген эмес. Агыш Ташы менен Мактымды жолуктуруп, макулдаштырып коёт. Ал кезде Кочкоркан Ногойду бийлеп турган.
    Күнтуума казак элин башкарып турган. Бул сүйлөшүүлөр билингенден кийин ич ара урушуп, Ташы орго түшүп, аны уккан Мактым Ташыга жардамга келип, кайын атасы Баласагынга барып кабарлайт. Баласагын кол курап, Отор шаарын бийлеп турган Жангарач кандын урпагы Кочкорканды дарга асып, Отор шаарын кайтарып алат. Ташы ордон чыгып, камактан бошоп, Мактымга үйлөнөт. Отор шаарын алгандан кийин кыпчак чачырап кетет. үчкө бөлүнөт. Сартка (өзүбек) караган кыпчактар Кашкарга кетет. Бир бөлүгү кыргызга кирет. Көпчүлүк негизги бөлүгү Эртиш бойлорунда калат. Баласагынды 2-уулу Талас азыркы Талас шаарын салдырып, Олуя-Ата, Ала-Бел, үч-Кошойду бийлеп калат. Ошондон баштап Талас аталган.
         Баласагын өлгөндөн кийин Ташы хан болот. Кийин – Белеке хан болот. Булардын заманынан кийин мусулман динин жайылтуу үчүн 704-жылы араптар Орто Азияны басып киргенде, Береке хан согушта өлгөн дейт. берекеге караган аймакты араптар ээлейт. Хорезм шаарын салат, болжолдо бул 734-735-жылга туура келет.
         Чынгыз хандан: Жоочу, үгөдөй, Жагатай, Толу. Буларга энчи бергенде – Жоочуга Россияны. Ошол себептен Бату 1242-жылы Россияны, Венгрияны алып, Албанияга барганда Мөнкө өлгөнүн угуп, кайра келген. Жагатайга Орто Азияны берген. Толуга – Энесей боюндагы бүт элди берген. үгөдөйдүн баласы – Кайду Орто Азияга хан болуп турган.
         Кошумча: “Каар заман” китебинен – 1989-жылы, “Сынган кылыч” романы – 1998-жылы, “Монгол санжырасы”, дастан 1240-жылы басылып чыккан китептен.
         Оолун – “булут” деген маани берет. өлкөн уруусунан Чиледин – Кортунат уруусунан. Чиледин оолунга үйлөнгөн тою өткөн. Чиледин жашаган жери – Меркит. Чиледин аялы Оолунду араба менен үйүнө алып келе жатканда ээн талаадан Эсуге – агасы Некутайшини, иниси – Даритай очигин Оолунду, 2 өгүзүн арабасы менен күчкө салып тартып алып, Оолундун өтүнүчү боюнча Чилединди өлтүртпөй, аты менен кетирди.
    Эсуге Оолунду өзүнө нике кыйдырып алды. Эсугенин агасы – Мунгеби кыян болгон. Эсуге тайший уруусу. Атасы – Бартан баатыр. Хабулхандын уулу – Хутул баатыр. Хабулхандын досу – Анбахай хан болгон. Некунтайшинин баласы – Учар. Эңеге – “ата” деген сөз. “Фуджин” – мырза айым (кытайча). Мен Кытайдан болом, атым Хуачен. Силердин тилде Хоакчин. Мен да силердей болуп келгемин. Эми күңмүн. Силерче – харачу дейт. Менин кожоюнум “хуанди” (император) болгон. Мында элчиликке жиберген. Мени иним – Хану ала келген. Мында келгенде кожоюнумду мууздап салышты.
         Татарлар Анбахай ханды – кытайдын Алтын ханына беришти. Алтын хан аны керип, колу-бутуна мык кактырып кыйнап өлтүрүштү. “Анын өчүн алабыз”, - деди Эсуге. Чилединдин туугандары – Баргужин, Токумдагы кортуматтарга барбай, чоң атасын олжолоп кеткен меркиттерге жердеп калган. Меркитти башкарган Токтобектин нойону Таир узунга барды. Анткени ат өгүз арабаны Таирузун берген. Чиледин үйүнө барып, болгон ишти атасына айтты.
         Атасы: “Ээ балам, сен болгону Тайрузундун кулусуң, колуңдан эмне келет. Чиледи Токтобекке бардыгын айтты. Токтобектин атасы Тудур-Белги кунсуз калабы” деди. Анбахай хандын ордун Хутула ээлеген. Кыят-Боржигиндердин тукуму Умай эне Алан-го адан тарагандардан болгон. Эңеге-ата (монголчо) Чиледи менен Тайрузунга кортуматтардын кол башчысы – Бөркө чеченге баратабыз. Мен Бөркө Чечендин уулумун, атым Дайдукулсир деп айтты, талаадан кезигишип. Эртеси Бөркө Чеченге барышты.
    Чилединдин чоң атасы Бөркө Чечендин атасынын бир тууган агасы болгон. “Сен мында калбайсыңбы”, - десе, Чиледи: “Азырынча калбайм, иштерим бар”, - деди. Тайр узундун барган максаты: кортуматтардан кол күч, баалуу аң-тери алмак. Бирок киши күчү эмес аң-терисинен алып келди. Алгачкы ханы Хабул болуптур. Тоорул меркиттердин ханы. Кол башчысына кезиккен киши Эсуге экен. “Мен татарларга баратам, мени менен барасыңбы?” – деди. Тоорул: “Силерге кошулайын, кийин силер мага жардам бересиңерби?”. Эсуге күлүп: “Аны көрө жатарбыз” – деди. Булар күндүз эс алып, түнкүсүн жол жүрүп, күзөтчүсүн көбөйттү.
         Акыры татарлардын бир топ айылдарын кыйратып, олжого байыды. Тоорул экөө дос болушту. Татардан олжого түшкөн Темучун – Уге баатырды алып өз айылына Эсуге келди. өргөдөн бир келин чыгып: “Уул, эркек төрөлдү”, - деди. Эсуге үйгө кирип кайың бешиги менен ымыркайды коомай кармап сыртка чыкты да: “Мына уулум. Тоорул досум, бул менин колуктум, Оолун” – деди. Эл тарап үйлөрүнө кетишти.
    “Кечинде баарыңар тойго келгиле”. Эсуге Темучун Угенин жанына келип: “Сен бизге сөөк өчтү душмансың. Бүгүн өлөсүң. Бирок сен баатыр, эр жүрөк адамсың. Уулумду сенин атыңа коём”. Жоокеринин бири Хучу үйүнө келсе, анын аялы да эркек төрөптүр. Эсугеге айтса, ага кой, тамак-аш бердирди. Оолун баласына төшөк, кийим берди. Хучу баласынын атын Тайчы куру койду. Эсугенин токол аялынан төрөлгөн баласы Белгутай. Энеси өлдү.
    Оолун Темучунге өлкөн уруусу төркүнү коңурат уруусунун Дай чечендин кызын жактырып, кудалашат. Кыз Темучундан бир жаш улуу экен. Борте. Эсуге Тоорулду керээт элинин бийлигине койду. Эсуге мергенчиликке чыгып, кечке жүрүп, үйүнө жетпей күн батып, каш карайганда от көрүп, ошого барды. От боюнда 20дай киши бар экен. Мергенчилер окшойт. Эт кууруп отуруптур.
    Кийимдерине караганда татарлар экен. Булар от башынан орун беришти да, кымыз куюп, куурдак сунушту. Кеп-сөз сурашкан жок. Мергенчилер жол болдубу деп сурады Эсуге. Анча деле эмес деп жооп беришти. Мен да аң уулап чыктым эле деди Эсуге. Тамак ичкенден кийин Эсуге жатып алды. Татарлар от боюнда көпкө чейин сүйлөшүп олтурушту. Бирөөнүн сары башыл деген сөзүн угуп калды. Эртең менен ойгонсо татарлар от башында экен. Алардын аксакалы кымыз сунду. Эсуге кымызды жутуп жиберип, атын токунуп, коштошуп жүрүп кетти. Аздан кийин чыйрыгып, муздак тер чыгып, ичи өрттөнүп чыкты.
    Татар сунган кымыз эсине түштү. үйүнө жеткенде эсинен ажырап, үй ичи тумандай баштады. Оолун, Чарха-Эбуген, Муңдук, балдары – Жучу, Хасар, Хачмун, Белгутай, Темуге. Эсуге: “Мага татарлар уу берип коюшту, өлүп баратам”, - деди. Чарха-Эбуген ага ачуу кайнатма дары жуткурду. Оозунан кара кан кетти. Кускан соң жаны сеп алды. Жардам болбоду. Муңдук Темучунга кетти. “Оолун, балдарыңа этият бол, максатымды орундабай калдым, үлгүрбөй калдым. Темучун кайда?”, - деди. Темучун келгенче кетти, көрбөй калды.
         Чарха-Эбугеден: Муңдук. Мындан – Көкөчү (Тептеңир). Эсуге өлгөндөн кийин Таргутай курултук тийиштик кылып Темучундун күлүк атын тартып алды. Айылын чаап, малын ала баштады. Оолун өзү баш болуп курал алып, каршылык көрсөттү. Бул кармашта Хучу, Чарха-Эбуген баары 4 жоокер өлдү. Таргутай, Курултук аял менен урушпайлы деп айылына кирбей, айылдан чыккан кишини, малды айдап кетип жатып, акыры Оолунду малсыз, элсиз талаага калтырды. Калган эли корккондон көчүп кетишти.
    Оолун, Хоакчин 4 баласы менен Онон дарыя боюна барып судун деген чөптүн тамырын казып алып тамактанды. Далай чөптүн тамырын, согон, козу карын, жер жемиштин мөмөсүн терип жыйнашты, жууп, тазалап, кургатып, жанчып, кышка камынды. Эптеп чыдап жазга жетип, жарым жылча киши көрбөй жашады.
         Жаздын бир күнүндө Муңдук 4 ат жетелеп келип: “Бул атты алгыла да силер Бурхан-Халдун тоосуна кеткиле. Аякка киши көп барбайт, тынч жер. Мен өз малымдан бөлүп берем. Азыр Таргутай, Курултук, Тоорул менен урушуп жатат. Сачабек, Алтан андан кетти”. Куржундан тор, кайырмак алып чыкты. Балык кармайсыңар. Кошумча тамактанасыңар.
         Боорчу – нака Байандын уулу. Тайшит уруусу Темучун Дай чечендин кызы Бортеге үйлөндү. Меркиттин нойону Тайр узун аскери менен келип Темучундун үйүн, малын, Хоакчинди, аялы Бортени олжолоп алды. Хоакчинди, Бортени колго түшүргөн 100 башы – Чилгир болгон. Экөөнү тең Чилгирдин өзүнө берди. Каймишти качырган үчүн Чилединди Тайр узун күнөөлөп, куралын алып, байлатып салды. Мойнуна зоолу салынды. Оолун качып кутулган, Чиледин экөө көрүшкөн. Темучун үйүндө жок, мергенчиликте жүргөн. Энесинин айтуусу менен Тоорулхан Жамухага Хасар, Белкутуйду жиберди кол күч суратып. Муцинь-апа, Фуцинь – ата (кытайча). Анда – эмчектеш, антташ, кыянаттык дос (монголчо).
         Чиледин колго түшүп зоолусу менен Темучунга алып келишти. Темучун сурап, зоолусун чыгартып, бошотуп эркиндик берди. Кул болуп калды. Чилединдин баккан баласы – Олбор (Табылга деген мааниде). Тоорулкан Жамухадан аскер келип Темучун меркиттерди талкалап, Борте менен Хоакчинди бошотуп алды (бул экөө канча ай туткунда болгону белгисиз). Күндөрдүн биринде Темучун Бортенин өргөсүнө барат. Борте суусунга айран куюп сунса, Темучун: “Сен тигиге да ушинтип суусундук сундуң беле?” – деп кесени кагып жиберди. Кайра дагы куюп келип Борте: “Темучун, мени өлтүрүп таштачы. Боюма болуп калыптыр. Сенин балаң экенин так айта албайм. Ошондо эле жанымды кыюу колдон келет эле, бирок сени бир көрүп алайын дегем. Күнөөм-айыбым ушул. Меркит зордугу менин эмес, сенин абийириңдин кеткени” – деген.
    Темучун аякты алып, айранды жутуп, аякты ташка чаап салды да тышка чыгып кетти. Борте төрөгөндө Хасар сүйүнчүлөсө Темучун кетип калып, кийин келгенде Оолун ээрчитип барып баласын көрсөткөн. Даритай-ичегинди өлүмдөн Оолун сактап калган (чыккынчы болгон, Темучун өлтүртмөк).
         Бартан менин атам, сенин чоң атаң Хабулдун 2-уулу. Демек биздин уруунун аксакалы сен. Бөрү-Бөкөнүн атасы Хабулдун 3-баласы. Алтандын атасы – Хабулдун 4-баласы. Татарлар Эсугени өлтүрүп, Сачабектин чоң атасы-Окин-Бархады, Анбахай канды Алтын ханга кармап беришкен. Ынанчыхандын баласы – Таянхан. Мунун баласы – Кучулук-уруусу найман.
         Жучу 22 жашында согушпай сүйлөшүп кыргыздарды, ойротторду жана арасында жашаган бир топ элди баш ийдирип келген. Болжолу-1209-жылга чейин. Мындан кийин 1209-жылдын бугу (март) айында тангыт элине Чынгызхан согушка кирген. Мусулмандардын ханы Хорезмшах Мухаммеддин баласы – Жалалад-Дин, Озлагшах, Акшак. Мухаммеддин атасы – Текешшак. Мындан: Аббас. Мухаммед пайгамбардын агасы. Меркит уруусунан Токтобектин кенже баласы Култуган. Абдан мергенчи. Согушта колго түшкөн. Жучу атасынан Култуганды өлтүрбөй сактап калуусун сураган. Жучунун баласы – Батый, Ордо.
         Темучундун балдары: Жучу, Угедей, Чагатай, Тулуй. Чогуу олтуруп макулдашкан. Темучу аялы-Эсуйдун сөзүнө карата ойлонуп, мураскорго Угедейди калтырган. 1219-жылы Хорезмшах Мухаммедке каршы жортуулга жөнөп Отрар шаарга жетип, курчоого алганда, картаны карап туруп Жучу, сен Сейхунду (Сырдарыя) бойлоп кезиккен жерди бүт каратып, деңизге жетип токтойсуң. Бүт сенин энчиңе бердим. үргөнчтү кошо бердим дептир. Жебе менен Субудай монголдордун кошуну орустарга каршы жөнөгөн. Орус менен кыпчактын жоокерлерине кабылды.

          “КААР ЗАМАН”, 2-китептин 583-бетинде.                                                  (түзүмгө)
         Дүйнө жаралгандан берки 6731-жылдын (6731-1223=5508 жыл айырмасы) май айында орус армиясы Калка дарыясынан өткөн. Киназдар толук биримдикте болбой, бул согушта орустар жеңилди. Монголдор кыпчактын мизин кайтарып, орустарды да талкалады. Мындан кийин Тангыт өлкөсүнө каршы согушуп, акыры 1227-доңуз жылы талкаланды. Тангыттын ханы Бурхан – Чынгызханга элчисин жиберди. Эгер кан төгүүнү токтотсо, ханды өлтүрбөймүн деп убада берсе, борбор шаарды 1 айга чейин өткөрүп берүүгө убакыт сураган. Чынгызхан макул болуп тоого мергенге чыгып кетти. Мергенде жүрүп, аты үркүп, жыгылып, акыры ошондон өлдү.
         Угузхандын эң улуу баласы Күн же Гун атанын тун баласы. Кайсы атанын ысымын Абылгазы тарыхчы чечмелейт. Демек кайы деген туютма бекемдикти билдирет. Гун бабабыз: Кайы, Баян, Алкаүйлү, Караүйлү-төрт уулдуу болот. Гундун карылыгы жеткенде хандык бийлик Кайыга калат. Кайы хандык доору учурунда балалуу болуп, баланын ысымын Керугуз коюшат. “Кер” деген сөз “сулуу” деген маани берет. “Угуз” бөлүгү Угуз атанын ысымы. Ошол “керугуз” бүгүнкү күнү тилдин айтылыш ыңгайына жараша өзгөрүп “кыргыз” болуп айтылып калган.
         Мындан миң жыл мурунку кургакчылыкка байланыштуу Кыргыз кагандыгы Түркия тарапка ооп кеткенге чейин түрк же монгол элдеринин башын бириктирип кармап турган кыргыздардын ысымы кыян элине өтүшү мүмкүн. Кыргыз кагандыгы заманында (IX к.) Кытайдан кайтып келе жаткан кыргыз өкүлчүлү жол ортодо Монголияда өлгөн эринин ордуна кыян элинин өкүмдары болуп турган Алангоонун үйүнө өргүп өтүүчү экен.
    өкүлчүлүктүн бирөөнө көңүлү табышып калгандыктан Алангоону (Чынхандын энеси, 196-бет) олжо катын катары ала кеткен имиш. Алангоо ошол кыргыздан үч уул төрөгөн. Тигил кыргыз өлгөндө, өз элине кайра келген. Ал заманда кыргыздар түрк калкынын бийлик башында турган. Падыша катары Буудан чаарды кыян элине өкүмдар шайлаган. Анын тукумдары Чынгызханга чейин бийлик башында болгон имиш (196-бет).
         Алангоонун 2-эри Байуде Улуу Кыргыз кагандыгын түптөгөн Ажо кагандын урпагы болгону чын. Жээрде чачтуу, ак жүздүү, көгүлтүр көздүү кыргыз кебетелүү болгон. Аталары: Байуде-Бууданчаар-Токо-Дутымын-Кайдухан-Кармаланкун-Кудантайшы-Арап-Баргунай-Байшумкар-Түмөн-Кабылхан-Бартан-Эсегей-Темучин-15 ата. Жеңилбесхан 1162-жылы туулуп, 1227-жылы 65 жашында өлгөн деп айтылат.

          “Ала-Тоо”, № 1. 1991-жыл. Вера Панова, Юрий Вахтин. Орусчадан которгон Алик Иманкуловдун жазганы боюнча:

         МУКАМБЕТ ПАЙГАМБАРДЫН ӨМҮР БАЯНЫ                                                  (түзүмгө)
         Араб тарыхчылары 20.08.570-жылы Мекенин Кааба храмынын жанында жайгашкан үйүндө төрөлгөн дешет. Төрөлгөндөн 7-күндөн кийин чоң атасы – Абд-Ал Муталиб той берип, корейш уруусун чакырып, балага Муканбет деп атын коюшкан. Мукамбеттин өз атасы Абдаллах Сирияда болгондуктан тоюна катышпай калган. Абдаллах 2 айдан кийин Сириядан (үйүнө) Мекеге келатып, жолдо кайтыш болуп, баласын көрбөй калган.
         100 жыл чамалуу мезгилден кийин бул үйү оңолуп Мечитке айланган.
         Араб аялдары жаш баланы ар кандай кырсыктан сактап калуу аракет: тумар, көзмончокту баланын мойнуна, билегине байлап, бала чоңойгончо кармашкан. Жылыны 2 жолу – жазында, күзүндө ошол чөйрөдөгү көчмөн уруулардын аялдары бала алууга Мекеге келише турган.
         Мекке өтө ысык келип, чымын-чиркей жаш балдарга көп зыян келтирүүчү. Ошон үчүн орточо, начар жашаган аялдар жаңы төрөгөн балдарын көчмөн уруулардын аялдарына балага төлөнүүчү акчасы аз болгон. Эгер баланын энеси экинчи күйөөгө чыкса, акы төлөнчү эмес. Жазга чейин Мукамбет энесинин колунда болуп, ар кандай кырсыктан сактаган. Энеси 6 айдан кийин Мукамбетти – Бану-Саад, Бану – Бакир уруусунан Мекеден 200 чакырым алыс турган тоолуу өрөөндө мал багып жашоочу көчмөндөрдүн бири Халима деген аял күйөөсү – Аль-Хасир менен макулдашып багып алышат.
         Булардын 2 кызы, бир баласы болгон. Чогуу тарбия алган. Банусаад уруусунда жашап жүргөн 4 жыл мезгилинде Мукамбеттин башынан өткөн окуя жөнүндө: окуя – ачык чак түштө өтөт.
         Халима – Аль-Хасир экөө үй оокаты менен чатырдын ичинде жүргөндө Мукамбет эмчектеш менен козуларга көз салып олтурган болот. Ак шейшепке оронгон чоочун эки киши (алар периштелер эле, балдар билишпейт) басып келип, бейтааныштын бири ичине толтура аппак кар салынган алтын чылапчын көтөрүп алган. Алар Мукамбетти чалкасынан жаткырып, көкүрөгүн жарып, жүрөгүн сууруп алышат. Периштелер жүрөктөн кара түстөгү бир тамчыны сыгып алып ташташат. Андан кийин алар баланын жүрөгүн, ичекарынын кар менен тазалашат.
    Жүрөктү ордуна салышат да, анан көздөн кайым болушат. Мукамбеттин эмчектеш бир тууганы чатырга бакырып чуркап барып, көргөнүн толугу менен ата-энесине айтат. Экөө коркуп, эшикке чыгып, эсен соо турган Мукамбетти көрүшөт, бирок жүзүнүн кан-сөлү качып купкуу, Халимага эмчектешинин айтып бергенин толук кайталайт. Халима катуу коркуп, баланы дароо өз энесине жеткирип бергин деп эрин көндүрөт. Халима, Аль-Харис Мукамбетти Мекеге жеткирип, чоң атасынын колуна берет. Банусаад уруусунда Мукамбеттин жашоосу бүтөт. “Кудайдын айтканы боюнча периштелер келип мени күнөөдөн толук тазалап кетти” деп эсептеп Мукамбет өзү кийин айткан окуя жалгыз уламыш.
          “Мени Банусаад Бакир уруусуна багып өстүргөн” деп Мукамбет айтчу экен. Мекеге кайра келгенден кийин өз энеси Амина менен 2-3 жыл бирге болуп, күң баракат чогуу жашады. 6 жашка толгондо энеси ээрчитип, Итарсиб өрөөнүндөгү туугандарына барышат.
         Мекеге кайра келатканда энеси көз жумат да, ал Абаа кыштагынан алыс эмес жол боюна жакын коюлат. Ата-энесиз жетим калган Мукамбетти чоң атасы Абд-Аль Муталибге тарбиялоого берет. Ал Хашим уруусунун башчысы боло турган. Абд-Аль Муталибдин буйругу менен чоң үй-бүлөсүнө жиберилди. Негизинен Абд-Аль Муталиб Мукамбетке көз салып турган. Ал Кааба храмынын ачкычтарын сактоочусу болуп иштөөчү. Ал кезде Кааба терезе, чатыры жок, бийиктиги 12-15 м. имарат болучу.
    Храмдын ичинде ар кандай көлөмдөгү моло таш кудайлар туруучу, саны 360ка жетчү. Араб уруулары – ошол моло таштарга сыйынган. Бул таштын бири – атактуу кара таш – храмдын түндүк чыгышына дубалга коюлган. Бардык таштарды, садагага коюлган малдын каны менен жуулган кара ташка колдорун тийгизип сыйынчу.
         Мукамбет 8 жашка чыкканда Абд-Аль Муталиб каза болду. өлөөр алдында улуу баласы Абуталибди өзүнө чакырып, Хашим уруусунун болочок башчысы катары ага Мукамбет жөнүндө кам көрүүнү тапшырат.
         Мукамбет 9-10 жаштан кол арага жарап калат. Мунусу Абуталибке жакты. Сирияга соода кербенин алып жөнөгөндө, 12 жаштагы Мукамбет кошо барууну өтүнгөндө, кошо ала барды. Мукамбет колунан келген жумушту аткарып жүрүп, биринчи саякатында Мекеде жок көп нерселерди көрдү. Алар: Христиан диндин ырымдарын, чиркөөнү, монастырь, кечилдерди ж.б.у.с. көрдү.
         Багра шаарын жакын жерде Абуталиб эл алып жатса, ошол жерде монастырдын жанында жашаган Багира атуу кечил мурда келип-кетип жүрсө да сүйлөшкөн эмес. Бул жолу кербен эс алууга токтогондо, бардыгын конокко чакырат. Мукамбетти жүктөргө калтырып, башкалары чакырган үйгө жөнөшөт. Багиранын өтүнүчү боюнча Мукамбетти да алып барышат, чогуу конок болушат. Багира Мукамбетти көргөндө эле кызыккан. Анткени жакында Кудайдын жаңы улуу өкүлү келээрин христиандардын жашыруун жазылган китептеринен биле турган, баарыдан да так белгилерин биле турган.
         Тамак ичилип бүткөндөн кийин ал Мукамбеттен өмүрү көргөн түштөрү жөнүндө чечмелеп сурап алып, өзүнүн көз алдында келечектеги пайгамбар турат деген оюн бекемдеген. Мукамбет болжолу 20 жашка келип калганда Абу-Малиптин жардамысыз, өз алдынча турмуш өткөрө баштайт.
         Буга чейин соода ишин өздөштүрүп, кербендерди баштай билген, бирок өз алдынча соода жүргүзүүгө жетиштүү каражаты жок эле. Адилеттүү, ак ниет адам болгон. Олуялар – дин үчүн ар кыл баатырлыкты жасап олуя болушат. Пайгамбарлар болсо көбүнчө туулганынан Кудай берген артыкчылыктары үчүн пайгамбар атка конот. Ар кандай адам олуя болуп калышы мүмкүн. Ал эми пайгамбарлык касиет – адамдын эркине байланышпаган нерсе.
    Мукамбет өзүнүн теги боюнча атактуу корейшиттерден кем калбагандыгына, ички дүйнөсү бай экендигине карабастан, өзү үчүн “бийликке жол” жабык деген бекем ишенич менен турмуш жолун баштаган. Мекеде соодагерлер өкүм сүрүп, байлык менен өлчөнө турган. Мукамбет өз алдынча өткөргөн 4 жыл өмүрү баягыдай эле, мал кайтарып, төө айдоочу болуп жалданып жүрдү. Соода-сатык тапшырманы да аткарды. Ак ниет, иштемчил адам деген сөздөр көбөйүп, кадыр-баркка ээ боло баштады. Бул жылдары дин тууралу кызыгууга алып келди. Мекеде соода менен эл жашоочу. Акыры байлар, кедейлер болуп экиге бөлүнө баштаган. Эзүү-эзилүү көбөйгөн.
         Мукамбет 25 жашка келгенде Кудай бар деп, аны издешкен Ханифтерге урматтоо менен мамиле кыла турган болгон. Корейшиттер нарктуу уруу, алар Исмаил Ибрагимдин тукумдарынан болгон.
         Муса пайгамбар да жетим бала болучу. Аны бөлөк адамдар багып өстүргөн. Исмаил пайгамбардын атасы аны Кудайдын буйругу менен чөлгө кууп жиберген. Ал эми Ишустун атасы болгон эмес. Аны пери Марьям төрөгөн. Кудай өзүнүн айткан сөзү менен кошо бойлуу кылган, демек өзүнүн сүймөнчүгүнүн атасы болушун каалаган эмес, сыягы пайгамбарларга аталуу болуунун кереги жок окшойт. Аталар эмнегедир жолтоо болот шекилдүү.
         595-жылы Мукамбетке жөндөмдүү соодагер катары Мекелик соодагер аял Хадича соода иштерин кулу Майсур аркылуу жүргүзчү. Иштеген жумушчуларга акыны түшкөн пайдага жараша төлөчү. Хадича өз товарын Сирияга алып барып сатып, андан Грек, Перс буюмдарын сатып алып, кайра Мекеге алып келип сатуучу. Абуталиб менен кеңешип, Мукамбетке сунуш кылып, Хадича өзүнүн кербенин Майсур менен Мукамбеттин чакан кербени экөө кошулуп 2-жолу Сирияга жөнөйт.
         Тажрыйбалуу Майсур Мукамбеттин сыртынан көз салып, бардык жагынан байкоо жүргүзүп жүргөн. Соодага Мекеден Сирияга чыкканда кылыч, найза ж.б. курал алып жол жүрүшчү, душмандан сактануу үчүн. Сирияга жетип Мукамбет, Дамаскиге жете бербей, Византиянын чек арасына токтоп, айланасынан кабар алып, ишенимдүү адамдардан Дамаскиде Петрада, Палмирада, Жер ортолук деңиз боюнда, Газада баа кандай экенин сурап билди, жакшы кеңешин айткандарга белек берип, тынч соодасын жүргүздү. Арзан баага, Мекеде кымбат баага сатылуучу товарды сатып алды.
         Сирияда бир ай ичинде Мукамбет көптү көрдү, ромейлер өлкөсү бай өлкө, элинин дини, салты жөнүндө билди. Ар кимиси өзүнчө оокат кылат. Тартипсиздик, ууру-талоончу жок тынч жашаган эл экен. Айрыкча динге ишенип, динди бекем кармаган эл болгон.
         Кайра Мекеге келип, Хадичага алып келген товарларын берди. Хадича товарды тез сатып, пайдасы көп болду. Мукамбетке акысын калыстык менен төлөдү. Ошондон баштап соода иштерин Мукамбетке ишенип тапшырып жүрдү.
         Хадича 1-күйөөсү менен ажырашып, 2-күйөөсү өлүп, ушундан байлык калган. Ал эстүү, өзү башкарып, өзүн күнкор кылууга жол берген эмес. өзүн, байлыгын сактай турган күйөөгө барууну ойлоп жүргөн. Мукамбет жөнүндө Майсур, жээни Чузима экөө тең эстүү, ак ниеттүү киши деп Хадичага айткан, муну өзү да жактырган.
    Майсур инке жөнүндө сөз баштаганда Мукамбет таң калып, мен жарды болсом, мүмкүн эмес деди. Майсур Хадичага иштин жайын айтканда, Хадича Мукамбетти үйүнө чакырып алып, биздин туугандык жайыбыз да бар, сен так жүрөсүң, мүнөзүң да жакшы, тилегеним сиздей адам болсо баш кошуп алсак жакшы болоор эле. Акыры Мукамбет сунушун кабыл алды. Теги тагынан экөө бирдей болучу.
         9 ата өткөндөгү даңкы тараган корейшиттин тукуму Хивайлиддин кызы эле. Энеси Батма да, таенеси дагы корейшиттен болгон.
         Мукамбет Хадичанын сунушу жөнүндө өзүнүн ага-туугандары Абуталибге, Абд-Аль Муталибдин балдары: Хамзага, Аббаска, Абу-Аль-Узгеге айтты. Баары макул болушту.
         Хадичанын атасы Хамза Мукамбетти ээрчитип алып Хувайлидге барды. Хувайлид Хадича начар жерге барган жок, кашимиттер менен тууган болууну каалабады, баргандардын өтүнүчүн кабыл алып, макулдугун берди. Себи жөнүндө сүйлөшкөндө Хувайлид кызынын колундагы мүлктүн бардыгын кызынын себине берди. Хашимиттер калыңга 20 ак алтын, 20 төөнүн наркын беришти. үйлөнүү тою Хадичанын үйүндө өттү. Бакма энеси Халима да болду. Ошондо Мукамбет 25, Хадича 40 жашта болгон. Ал кезде араб кыздары 10-12 жаштан турмушка чыгуучу экен.
         Хадичанын байлыгы Мукамбетти чоң соодагер болушуна шарт түзгөн жок. Мукамбет Сирия, Йеменге, Персия, Жер ортолук деңиз жээгиндеги кооз, бай өлкөлөргө соодага барган жок.
         Корейшиттер үчүн мекелик соодагерлер өз ичинен соода иштерин жүргүзгөн. Чет өлкөдөн соодагерлерди Мекеге киргизчү эмес. Мукамбет бет алган ишинен кайтпаган мээнеткеч адам болгон. үйлөнгөндөн кийин Хадичанын үйүнө кирди, бат эле балалуу болушуп, 2 жылдан кийин кайтыш болду. Андан кийин 4 кыз төрөдү, кийин эркек төрөп, бул да өлдү. 7-уулу Ат-Тахир да жашында өлгөн, эркек уулсуз кыздары менен калышты.
         Мукамбет 38 жаштан кийин байлыкка кызыкпай пейли таза, өз эмгеги менен жашоону каалаган, калган өмүрүн динге арнаган. Мекеде жашаган уруу башчылары сафа дөбөсүнө элди келүүгө Мукамбет жар салды. Тез эле көп эл чогулду. Мукамбет бирден-бир Кудай жөнүндө сөз кылып, Кудайды – кудурет күчтүү Алла деп атады. Кудайын – Рахман деп атады. Байлар каршы болушту, себеби: теңчилик элдин биримдиги, кедейди мактап, байларды айыптоо сыяктуу жаңы динди кабыл алган кулдарды бошонууну талап кылган жерине нааразы болушкан. Мукамбет буга карабастан өз оюн аткарууга катуу киришкен.

          (“Ала-Тоо”. 1990-жыл. 11-санында)
         Араб Мукаммед хандын 1-аялынан (теги Найман кызы) Хабаш, Элбарс. 2-аялынан (Чынгызхан тукумунан) Исфандияр, Абулгазы, Шерифмухаммед, Хорезмшах, Ооган – 7 баласы болгон.
         Араб Мухаммед Хива шаарында туруп, араб элине падыша болгон. Эки аялдын балдары ич ара келише албай жүрүп, Мухаммед хандын ордодо жогунан пайдаланып Хабаш, Хива шаарына кирип, атасынын 30 жылы жыйнаган казнасын тоноп, өз ордосу үргөнчкө алып кетиптир. Атасы 2-аялынын балдарын алып, Хабаштын артынан куугун салып, акыры Хабаш качып кутулат.
         Ошондо Абылгазы – Хабаш, Элбарстын көзүн тазалайлы деп атасына айткан экен. Исфандиярдын бир нөкөрүнөн кеп чыгып, акыры Хабашка ата-бала согушуп, атасы жеңилип, кол түшүп өлтүрүлөт. Таламын талашкан балдары чилдей тарап, ошондон баштап Абылгазы тентиген жашоосу башталат.
         Хива шаарына Хабаш хан болот. Исфандар кийин Иран, Түркмөндөн кол курап, атасынын тагын кайра алып хан болот. Муну угуп Абылгазы Хивага келет. Исфандияр ага үргөнч шаарын берет. Ынтымагы узакка созулбайт. Түркмөн, өзүбек эли үргөнч, Хива арасына жик салып, 1627-жылы Абылгазынын колу талкаланып, абалы начарлап, кыргыз, казак ханы Эрэшимди, катагандын хан Турсунду жамынып, эки жыл Бухардын ханы – Шамкулунун карамагында болуп, кийин Иранга кетип, 10 жыл туруп, 1636-жылы ата-журтуна барган.
         Көп өтпөй Исфандияр хан өлүп, Абылгазы ата тагына барып Хивага хан болду. Абылгазы 13.08.1603-жылы туулган. Ал “Шежире”, “Тарахима” деген эки түркмөн санжырасын жазган. “Тарахима” толук бүтпөй калып, аны уулу Ануша Мухаммед Махмуддин молдого уландысын толук жаздырган.
         Абылгазы – аскер ишин, мыйзам тартибин, сөз кудуретин, ата мурасы аткарып, 1663-жылы уулу Ануша Мухаммедди өз ордуна тургузду. 1664-жылы өлдү. Абулгазы - Бахадурхан жазылган санжырасын түрк филологу Ахмед Верик Паша – 1823-1891-жылдары Түркиядан бастырган. Ооздон-оозго тарап, кийин түп нускасы Казандан – 1824-1906-жылы басылып чыккан. Орус тилинде 1926-жылы-II-1957-жылы Москвада басылып жарык көрдү.

         Кошумча:“Кыргыз Туусу” № 47. 04.03.1992-ж.

          ТАРЫХЫЙ ОЧЕРКТЕН.                                                  (түзүмгө)
         Адегенде ойрот урууларынын коалициясы XIV кылымда түндүк Монголияда башталып, XV кылымда чыгыш Монголстанга көчөт. Андан эң алгачкы жолу жунгар-ойрот хандыгы ушул кылымда Алтай, Теңир тоонун ортосунда жаңы мамлекет катары түзүлгөн. 1449-жылы Эсен-контайжчи 1-жолу Кытайдын Мин династиясын талкалайт, бирок анчалык чоң биригүүгө жетише албайт. Кийин бирдиктүү жунгар-ойрот империясынын түзүлүшү 1635-жылга туура келет.
    Адегенде бул мамлекетти негиздеген калмактын чорос уруусунан чыккан Каракулакашка. Бирок ал мамлекетке жунгар-ойрот деген атты берип, такка эң биринчи отурган император – Батур-контайжчи эле. Мунун бийлигин 1640-жылы Монголиянын Тарбагатайында өткөн курултай (калмакча: чуулган) закондуу деп тааныйт. Батур-контайжчи басып алган жерлеринде шаар салып, канал каздырып, жер иштетет. Ок-дары, замбирек куйдурат.
    Ошентип жунгар-ойрот мамлекети аябай күчөйт. 1653-жылы Батур-контайжчи өлүп, балдары так талашып, бийликке контайжчинин мураскору Сенге келет. Так талашуу чатагы бүтпөй, 1664-жылы бир туугандары Сенгени өлтүрүп, ордуна карапайым Лаама (дин өкүлү) Сенгенин кенже бир тууганы Галданды кандыкка көтөрүшөт. Галдан өтө каардуу хан болуп, ал манжур кытайлардын жаңы уюшулган Цин династиясына катуу таасир эткен. Галдан кан тоонун ичиндеги кыргыздарда да баш көтөртпөй, Ысык-Көл, Нарын, Чүйдү бүт ээлеп алат.
         Ошол бойдон кыргыздар көп жылы жунгар-ойроттордун бийлиги алдында басынып, күнкор болуп күн өткөргөн.
         Талкан бий, Тынай бийдин Чүйдөн куулушу болжолдоп алганда 1673-жылы Галдан контайжчинин бийлигинин учуруна туш келгени байкалат. Чүйдө Галдан контайжчи калмак-кыргыздын башын кошкон чоң той берип, ал тойдо күрөшкө калмактар ырайы суук балбаны – Чыкыкты чыгарат. Кыргыздан Талкан бийдин улуу баласы Байболот (баатыр) чыгып, Чыкыкты жыгып, башынан аттап кеткен дейт. “Балбанымдын башынан аттаганы, менин башымдан аттаганы” деп Галдан контайжчи катуу ачууланып, уруш баштайт.
    Акыры Талканбий Анжиян, Алай, Көлөпкө оойт. Галдан өлгөндөн кийин ордуна уулу Цэван Рабданга тиет (1697-1727-жж.). Цэван Рабдандан кийин (1727-1745-жж.) Галдан Церен хандык кылат. Галдан Церен 1745-жылы өлүп, балдарынын ортосунда так талашуу болуп, бийлик жунгар-ойроттордун бийлиги чыңалат. Бул арада Амурсана өзү да далай жолу Манжур чиндердин Цинь династиясынын императору – Цянь-Лундан көп куугунтук жеген.
    Аблай хандын колуна да түшкөн. Тагыраак айтканда, кыргыздын жунгар-ойротторго каршы боштондук күрөшү 1733-жылдан башталып, Амурсана чечектен 1756-жылы өлгөндөн кийин жунгарлар мөгдүрөйт. Кыргыздар эркиндикке чыгышат.
         1709-жылдары алгач Кокон хандыгын түзгөн миң уруусунун өкүлү Шорук бий өлкөнү 13 жылча башкарган. Андан кийин Абдыкерим бий, Абдуракман бий, Эрдаана бийлер такка келген. өтө көрөгөч, акылман, кайраттуу Эрдаана бий өлгөндөн кийин 1770-жылы бийлик Нарбото бийге өтөт. 30 жылча башкарган. Кийинки эки бийдин мезгилинде Кокон ордо шаарга айланган деп жазылган(“Жортуул” романы, 111-бет) .
         Кокон кандыгынын 1-түндүгүн көтөргөн Шах Мурат 1710-1722-жылга чейин бийлик жүргүзүп, кийин мураскери уулу – Адар рахим бийге 1722-1734-жылга чейин бийликке агасы – Абдалкеримге, андан Эрданабий – 1751-1770-жылга чейин, андан 1770-1780-жылга чейин Нарбото бий башкарган бийлик бүтөт. Нарботонун уулу – Алым, 1800-1821-жылга чейин кандын бийлиги жүргөн. өмүркан – 1822-1842-жылы, Шералыхан 1842-1844-жылга, андан кийин Мураткан – 1844-жылы такка олтурат, аз күнү иштейт (II-79 күнү) .
         Мындан кийин Шералыкандын баласы Кудар хан болуп, 1844-1858-жылдары иштейт. Мындан кийин абасы Малабек, 1859-1862-жылдары иштейт, андан жээни Шахмурат тактыга отурат. Кудар 2-кайра 1862-1863-жылы хан болот. Бирок иши алга жылбайт.
         Тактыга 12 жаштагы жээни Султансейит 1863-1865-жылга чейин отурат. Ою ордунан чыкпаганда, бийликтен кетүүгө мажбур болуп, Букарага кетет. Амирдин буйругу менен башы алынат. Кудаяр кан 3-ирет тактыга отурат. 1865-1875-жылга чейин хандык ишин жүргүзөт. Айрыкча акыркы 3-4 жылда элдик нааразылык көтөрүлүштөр болуп, орус падышасы тараптан жардам сурап качат. Кудаяркан тактысынан ажырайт.
         Феодал төбөлдөр 1875-жылы Кудаярхандын баласы Насирдинди кандыкка көтөрөт. Кырдаал кыйындыкка чыдабай, ал дагы Орустар тарапка качып келип жай табат. Акыйкат издеген эл, кан бийлигине нааразы болгон, элди жетектеген Полотту кан көтөрүшкөн. Бул окуя X-1875-жылы болгон.
         Полоткан 19.01.1876-жылы туткунга алынып, 1.03.1876-жылы Маргалаңда эл алдында орус аскери тарабынан даргага асылат. Ал эсеп боюнча Кокондун 20-чы ханы болгон (бул мезгилде Мадали, Ибрагим да хан болгон). Кудаяр кандын атасы Шералы кан Минедер династиясынын урпактарынан болот.
    Кокон кандыгына Таластан келген Кокон кандыгында датка Ажыбай карып калган кези (1842-жылдарда) Шералинин таякеси болуптур. Амир-Темир көрөгөндүн Мираншах деген бир уулунан – Султан Мухаммад, мындан Абдусаид, мындан өмөр-шайх. Фергана мунун энчисинде болгон. Хан ордосуна тотукуш аккептер баккан кептеркана кокустан урап кетип өмөр-шайх өлгөн. Ошондо ордуна тун уулу Бабыр 12 жашта экен (899-ж. же 1493-ж.). өмөр-шайхтын ордуна султан Бабыр көтөрүлөт.
         Чачылган өлкөсүн Амир-Темир бириктирем деп, кол баштап чыгат. Ошол учурда илгерки Саид-хандын (Батыйхандын) иниси Шайбандын тукумунан түп атасынын атын алып Шайбанихан согуш баштап самарканга кирип келгенде, султан Бабыр катуу кармашып, акыры Ооган тарапка кетишке аргасыз болот. Аялы Сейде – бак жолдо төрөп, баласын кара уузга тойгузуп, бешиги менен таштап кетишет. Ошол кезде жашап турган кыргыз, кыпчак, кырк миң деген уруулар бар экен. Жайыт чалып жүрүп капыстан баланы таап алып үйүнө барып, эли менен кеңешип, атын Алтын бешик коюшат. Сүтү бар миң уруунун зайыбына берип бактырат.
          “Шералы, сен ошол Алтын бешик тукумунансың” – дейт Ажыбай датка. Кийин султан Бабыр Индустанга падыша болуп турганда издеп, сураштырып жүрүп табат. Бирок баккан эл бербей коюшат, кийин 4 уруу эл өз уруусунан тандап бирден 4 кызды алып беришкен дейт. Ошонун бири миң уруудан Кутлуккандан Теңиряр деген уул көрөт. Кийин Шайбани хандын тукумунан Бухаранын өкүмдары – Абдулмомун деген Фергананы сурап турган өзүнүн бир ата өтүшкөн тууганы – өзүбек ханды чаап, анын бийлигин жоготуп, Бухарага бараткан жолдо кишилер өлтүрүп Шайбани бийлиги жоголуп, Бухарада маңгыт уруусунан Аштархани тукуму такка келет. Так талашуу уруулар ичинде көбөйүп, акыры султан тукуму Теңирярды бий көтөрүп жиберишет. Ошондо Теңиряр 60 жашта экен. 1006-ж. (1597-жыл) Теңирярдан Нарбото бийге чейин Алтын бешиктин тукумунан саналуу 13 бий өткөн.
         Нарбото бийдин уулу – Алимди (1801-ж.) хан көтөргөн. Бул каардуу хан болгон. Ошондон Кокон ордо аталды. Нарбото бий менен Хажибий атасы бир, энеси башка бир тууган, экөө батышпай Хажибий көбүнчө Чаткал тарапта жүргөн. Нарбото бий өлгөндө Хажибий барып ордодо калган. Хан ордуна Алим хан болгон. Кандыкты талашат деп шектенип, Хажибийди Алимхан өлтүргөн. Хажибий Таласта, Чаткалда жүргөндө Шералынын энесине үйлөнгөн.
         1223-жылы (1808-ж.) - “Мен да ордодон жигиттеримди, карындашымды, сени өңөрүп, түн катып чыгып кеттим”, - деди Ажыбай датка. “Тубай уруунун бийи Токтоназардын кызын алып бердим, 3 балаң бар”.
         Алимхандан кийин бир тууганы – өмөрхан болду. Алимхандан: Шахрухбек, Ибрагимбек, Муратбек, өмөрхандан кийин уулу – Мадали ордуна хан болгон, начар иштегенден тез бошогон.
         Алтын бешиктин 4 уруудан алган 4 аялдан тараган балдар ынтымактуу жашаган. Шады деген бий Маргалаңдын аймагындагы кыргыз элин байкап көрүүгө жупуну кийим кийип, айылды кыдырып жүргөндө кыргыздар тоноп, өзүн өлтүргөн.
         1174-ж. (1760-жж.) кытайлар Кашкарды басып, андан бери Жунгар калмактарын кырып киргенде, калмактын өлгөндөн калганы Ферганага кирип келишкен. Ошондо Нарбото бий жоого туруштук бере турган бирдиктүү ордо курмакчы болуп, так талашуудан өмөр-хандан Шахрухбектин башы кеткен. өлүмдөн сакташ үчүн Ибрагимбек Муратбекти энеси Самарканга алакачып кеткен. өмөрхан ишти акыл менен жүргүзүп, такта отурбай ат үстүнөн тамактанып, өмүрүн жоокерчиликте өткөрдү. Хандык таажыны биринчи кийди.
         Шералы 17 жашка жеткенде 1-аялы Соного үйлөндүрүшөт. Көп өтпөй эле туугандарынын кысымы менен 2-аялы Жаркынга үйлөнөт. Ал кезде Кокондун ханы Мадали болчу. Ага туугандык жайы да бар эле. Шералы бала көрбөй кечиккенде өмүр аттуу баланы багып алат. Мындан кийин 1-аялы Сонодон: Мелле (тарыхта Малахан деп аталган), Софи, Аптап, Махлар аттуу кыздар төрөлөт. 2-аялы Жаркындан – Сарымсак, Наркүчүк, Кызыл, Кудаяр, Султанмурат. Бул эки аялдын ынтымагы болбой, Соно Кудаярга кас болгондой көрүнүп, Жаркын Кудаярды жанынан чыгарбай багуучу экен.
         Мадаликан өлгөндөн Ибрагимхаял олтурган тактыны алуу үчүн Таласка чабарман барат. Элдин талабы, элдик көтөрүлүштүн себеби Бухардын Амири коюп кеткен хан Ибрагим хаял өзү эле.
         Аксы бийи Жусуп миң башы Шералыны жакын адамдары менен жайлоого чакырат. Сарит-Булак мазарында (азыркы Ала-Бука району, Гулстан астында) кан көтөрүп алышат. Эл куралып Коконду көздөй бет алат, кан ордого киришет. Ибрагимхаял Бухарага качып кирет. Ал эл көтөрбөгөн кан катары 47 күн так ээлеп турган Шералы таажы кийгенде 50 жашта экен.
         Жусуп миң башынын кеңеши менен ордонун 1-иш-чарасы катары уулу Сарымсакты тактыга мураскер кандыктын армиясына кол башчы кылып дайындайт. Кыпчактардан мууздалып өлөт.
         Калган балдары шаарларга акимдик кылат. 9 жаштагы Кудаярды Наманган аймагына бек кылып дайындайт. Ишеничтүү туугандарынан кеңешчи дайындап жиберет. Шахрисабиздин беги Мурат кан ордосуна тун ичинде кирип, канча кол салат да кан таажысын кийет. Көпкө узабай 11-79 күндөн кийин Мусулманкул кыпчактардын колунан мууздалат.
         Так бош калат. Бүт бийликке Мусулманкул да болот, кыпчактардын жол башчысы болгондуктан, каалоосу менен тактыга Кудяр келет. Кызын Кудаяр канга берет. Бийликти алган Мусулманкул ордодогу кыргыз, өзбектер дин адамдарынын көзүн тазалайт. Акыры бийлик кыпчактардын колуна өтүп, элди эзет. Мусулманкулга каршы Ташкендин феодалдары баш көтөрөт. Көзү жетип, ачынып турган Кудаяр кан дароо кошулат. Салгылашта Мусулманкул Чаткалга качат.
         1852-жылы чечүүчү согуш Балыксыда (азыркы Анжиан обл., Балыксы р-ну) болуп, Мусулманкулдун колу жеңилип 2 миңдей адамы менен Мусулманкул колго түшөт. Кандын буйругу боюнча Балыксыдан Коконго чейин жолдо тийиштүүлөр атылып өлүп, калганы мамыга таңылып, Мусулманкулдун маңдайында 3 күнү өлтүрүлүп, акырында Мусулманкул да өлөт.
         Кандын өкүмү кыпчак элин бүт кырууга буйрук берет. Кылычтын күчү менен аткарылат. Эл Мусулманкулдан өчүн алат. Бирок Кудаяркан буйрук бергени менен Мусулманкулдун өлүмүнө жашын төгүп ыйлап, арбагын сыйлап Мусулманкулдун баласы Абдрахманды абтабачы кылып дайындайт. Падышага нааразылык күчөгөндө кандыкты таштап козголоңчуларга кошулат. Кийинчерээк орустарга кирип кетет. Орус падышасы ага жылына 300 сомдук пенсия дайындайт. Кудаяркан энеси Жаркындын кеңешин кабыл алган. Ушундан ордодогулардын биринин артынан бирин өлтүрткөн. Ишенгени Атабек Намбу болгон, ал убагында Шералы канга кызмат кылган. Кудаяр бир жакка кеткенде ордонун ишин ошого калтырчу. Кудяр жаңы ордо курдурат, маңдайына “Себитмамат Кудаяркандын тактысы” деп жаздырат.
         Кандын мүнөзү жөнөкөй, байлыкка кызыкпайт. Иштөө тартиби эртең мененки намаздан кийин энесине кирип, ийилип таазим кылат, андан кийин тактысына барат. Ордонун төбөлдөрү менен сүйлөшөт. Парваначы, эшик ачасы канча иш жайын кабардар кылышат. Кеңешип, тийиштүү маселени кыска бүтүрүшөт. Кандын корккону киши колдуу болуудан сактанчу эле.
    Жашыруун тыңчыларды кармаган. Кан сейили – шаар четинде Ооган багы, өргөнч багы болгон. Буга барганда Мухрам, Сарбаздардын коштоосу менен баруучу. Кан гареми – ак никеде турган 4 аялы, 50гө жакын чорулары болгон. Чорулар – шариатка ылайык шинттерден болгон. Бухар, Хива, Персиядан сатылып алынган. Кан гареминен чыгарылган чорулары эреже катары эрге тийген эмес, анткени алар эрге тийсе, ордого кылган кызматы бузулуп, аларга берилчү акча берилбей калган. Гарем айымы 10дой чору кармоого акылуу болгон. Гарем турган жайга киши барбаган, аларга көңүл ачар жай өзүнчө болгон.
         Кудаяр кандын туугандарына болгон мамилеси жакшы болгон. Апасы Жаркын кеңешчиси болгон. Кан ырым-жырымга ишенген адам болгон, өзү да далы ачып билүүгө кызыккан. Таянган тоосу Бухар амири болгон. Бухар амири Кудаяр кандын орустарга кол сунганын жактырган эмес. 22.06.1875-жылы Кудаяр кан үй-бүлөсүн 500дөй тууган, жерге-жээгин алып, казына байлыгын 42 арабага жүктөп Кожентке барган. Ал кезде Кожент Орус падышасынын карамагына өткөн.
         Кудаяркан Ташкенге келгенде байлыгынан кол жууган. Падыша өкүмдөрүнө тарттырып ийген. Пенсия менен жашап, балдары 10-15тей туугандары менен Орунборго түбөлүк жашаганга айдалган. Орустарга тең келген күчү жок экенин түшүнүп, кийимин өзгөртүп кийип, алтынын белине түйүп, кишиге көрүнбөй Орунбордон кетет. 2 айда Түркияга жетет. Ооганстанга барат, 1886-жылы Герат аймагындагы Куррук деген жерде 54 жашында өлөт.
         Кудаяр кандын баяны ушундай айтылат. Кокон кандыгы 165 жыл жашаган деп айтылат.


Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ