Тарыхы болбой эл болбойт

Абдишарип Тургумбай уулу (Мундуз)
(Абдишарип аванын өз оозунан угуп, жазып алган Султан Абдыракманов.
Доор аяны. 2008. 135-155 бет.)


  • Дүйнөдө Нук аттуу пайгамбар жашап турган экен. Ааламды суу каптаардан мурун ага периштелер кабар берип, “Нук эки кабаттуу кайык жаса, дүйнөнү суу каптайт. Кеменин биринчи кабатына өзүң балдарың менен олтурасың, экинчи кабатына кыймылдаган жан-жаныбарлардан бирден ургаачы, бирден эркек кылып жуп-жубу менен саласың. Алты айлык азык камдап, үч уул, үч келиниң менен кошо түшөсүң” деп айтышыптыр. Периштенин бул буйругун Нук пайгамбар аткарып, даярдыкты бүткөрүп кемеге түшөөрү менен күн жаап, жети күн, жети түн катары менен токтобойт.
  • Жааган жамгырдын бир тогологу бир батман. Жаандан селге айланып, улам ташып олтуруп, бүт дүйнөнү топон суу каптап, Нук пайгамбар уул-келиндери, жупташкан жаныбарлар менен алты ай суу үстүндө тиричилик кылышкан соң суу тартыла баштайт. Нук пайгамбар канаттуулардан көгүчкөнгө “Суу тартылган жерге учуп барып, билип, ал жерге түшпөй кайра келгин” деп буйрук берет. Көгүчкөн учуп жүрүп отуруп кургак жерге жетип, сүйүнүп ал жерге консо бутуна ылай жабышып калат. Ошол жабышкан ылайы менен учуп келгенде нааразы болгон пайгамбар “Ээ, бейадеп, сенин укум-тукумуң ушундай бойдон калсын” деп жиберет. Ошондон бери көгүчкөндөрдүн бутунда ылай байпагы калып калыптыр.
  • Кайыктагы Нук пайгамбар, балдары, жан-жаныбарлар менен бардыгы кургакка чыгышат. Мына ошол топон суудан аман калган Нук пайгамбардын үч уул, үч келининен бүт ааламдагы адамдар, жанжаныбарлардан болсо жандыктар көбөйүп аалам чегине тарап кетишиптир. үч уулунун улуусунун аты Хаум, ортончусунун аты Саум, ал эми кенжесинин аты Яупас болгон экен.
  • Эми биз эки баланы ары коюп, тупку тегибиз болгон Яупас жөнүндө сөз кылалы. Яупастын баласы Ибраим пайгамбар, ан¬дан Ысмайыл, Ысмайылдан Ысхак деген бала туулат. Ысхактын баласы Түрк, Түрктүн Турэнир, Арэнир, Сартэнир деген балдары болот. Турэнирден татар түркү, башкыр түркү, болгар түркү, түркмөн түркү, элет түркү, кыргыз түркү, казак түркү, уйгур түркү, каракалпак түркү, гагауз түркү (Молдованын батыш бөлүгүндө жашайт) тараган.
  • Арэнирден Азербайжан түркү, Карачай түркү, Кумук түркү, Ингуш түркү, Осетин түркү, Лезгин түркү, Даргин түркү, Стамбул түркү тараган. Сартэнирден токсон болуу өзбек түркү, Агача түркү, Жүздөр түркү тараган.
  • Түрк атанын тун уулу Турэнирдин укум-тукумуна токтололу. Турэнирдин баласы Түтүк кан, анын баласы Элчи кан, анын баласы Дидбаку кан, андан Күйүк кан, Күйүк кандын баласы Аланча кан болот. Аланча кандын төрт уулу болгон. Алардын аттары Моңол кан, Татар, Башкыр, Болгар болот. Кийинки үч уулу өздөрүнчө кандыкка көтөрүлүп, бөлүнүп алышат. Моңол кандын баласы Кара кандан туулган Угуз кан төрөлгөндөн баштап эле келер менен кетерди айткан олуя болот. Угуз кан Туугез, Кыргез деген эки уулдуу болот. Туугездин балдарынан Түркмөн, Элет түркү таралган. Ал эми Кыргездин балдарынан кыргыз, казак, уйгур элдери тараган.
  • Ушул жерден кыргыз, казак, уйгурдун таралышы башталат. Кыргез атабыз сегиз аялдан кырк кыздуу болот. Уулдуу болбой көөнү чөгөт. Атасы Угуз кан да баласынын уулдуу болбогонуна өкүнүп, аны дагы үйлөөнү чечет. Кыргезге атасы Алкама деген арабдын Имаай аттуу кызын тогузунчу аял кылып алып берген экен. Имаай эненин боюна болуп, ай-күнү жеткенде эркек бала төрөйт. Ал төрөлөөрү менен Угуз кан кырк булактын көзүнөн суу алып баланы оозантат. Андан соң кырк бээни саадырып келип бээнин сүтү менен оозантат. Күнүнө үч жолудан сегиз аялдан төрөлгөн кырк кызды чөргөктөгү балага тегеретип өткөрөт.
  • Кырк күнгө чейин Имаайга бирден байбичени кошуп берип баласын бактырат. Кырк күнгө чейин ак-сарыбашыл мал союп, садага кактырып, түлөө өткөрүп турат. Кырк күн болгондо дагы кырк булактын көзүнөн кырк кашык суу алдырып, ошону менен киринттирип, кийим-кечек кийгиздирип, бешикке салдырып, бешик тоюн баштайт. Ошондо Угуз кан кол алдындагы улама, укама, олуяларды чакырып “менин Кыргезимдин уулуна ат коюп бергиле” деп суранат. Чогулгандар “Таксыр, сиздин небере балаңыздын аты коюлуу. Биринчиден сиздин атыңызга окшош болсун, экинчиден балаңыздын атына уйкаш болсун. Үчүнчүдөн жакшы ниет менен ырым-жырым баштадыңыз. Ар бир ишиңиздин санагын кыркка ,жеткирдиңиз. Ушул себептен балаңыздын аты “Кыргыз болсун” дешип айтышат экен.
  • Имаай эненин боюна бүткөн экинчи баласы төрөлөт. Угуз кан өзү казыналуу Казагым” деп ат коет. Андан кийин да Имаай эне төрөгөн үчүнчү баланын атын чоң атасы Акнур деп койгон экен. Акнур төрөлүп, эс тарткандан баштап эле тартиптүү, адепти сактаган бала болуп өсөт. Дыйканчылык кылып, үй курганды жана башка далай өнөрдү үйрөнөт.
  • Ошол себептен Акнур деген аты аталбай, “үй кур” деп аталып жүрүп, oшoл сөздөн уйгур деген сөзгө ооп кеткен. Акнур бойго жеткенде ал Ооган улутундагы кызга үйлөнүп, тоо-ташка жакын болбой, үй куруп, шаар жасап, шаарга ыктап кеткен. Атадан бала, баладан укум-тукум уланып, үч бир тууган үч элге айланып, бири-бирин караандап, жанаша жашап калышкан. Имаай энебиз Кыргызга кыргагы жок ак калпак, Казака саймалуу узун калпак, Акнурга кештелеп топуга чалма ороп кийгизген экен.
  • Казактан үч бала төрөлүп, алардын атын Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз деп койгон. Алардан тараган уруулар казак элин түзөт. Кыргыздын баласы Шапар шаа, Шапар шаанын Сапар деген баласынан Кыдыр, Кадыр, Каңгыр аттуу үч уул төрөлөт. Шапар шаанын байбичеси Кыдырга ак калпак, Кадырга кара калпак, Каңгырга болсо экөөнөн калган баш кийимди кийгизчу экен. Ак калпак кийген Кыдырдан кыргыздар, кара калпак кийген Кадырдан Арал деңизин бойлогон Каракалпактар тарайт.
  • Ал эми Кангыр ата-энесине “экөөнүн эскисин кийгизесиңер” деп таарынып, Көкөгүз (Гагауз) аттуу бир уулдуу болгондо Молдавиянын батыш тарабына барып жайгашып калат. Кыдырдан эки бала төрөлөт. Биринин аты Абиир, экинчисинин аты Сабиир. Сабиир деген Алтай, Какас кыргыздары, Абиирден Орто Азия кыргыздары тараган.
  • Абиирдин баласы Алхак болуп, андан Акпар түрк, Акпар түрктөн Барган түрк төрөлөт. Барган түрктөн Гавур кан, анын баласы Галдин, Галдиндин баласы Арстан бий, Арстан бийдин баласы Кылым бий, анын баласы Шаупур бий, андан Тимуш бий, анын баласы Атан бий, анын баласы Синкин бий, анын баласы Сары бий, андан Мурат бий, Мурат бийден Телкозу туулат.
  • Телкозунун эки уулу болот. Биринчи баласы Калпак бий, экинчи баласы Кыпчак кан деп аталган. Угуз кандан калган кандык бий ченемдерди, жоо жарактарды Телкозу Кыпчак уулуна тапшырып, ал эми Калпак баласына түмөндөгөн ата мурас байлыктарын тапшырган экен. Калпактын баласы Домбал бий. Калпак бий баласына башка улуттан aял алып берүүгө ниеттенип, ал уулуна араб улутунун Курайш уруусунан чыккан Акашанын кызы Алиманы алып берет.
  • Домбал бий менен Алима энебизден үч бала төрөлөт. Тун улуунун атын Бабаш бий, экинчи улуунун атын Чуудуулат, үчүнчү уулунун атын Ак буура коюшат. Бабаш бий азыркы Арстанбап токойлорун жердеп, тоо таяна жашаган экен. Ошонун атынан ал жашаган жердеги тоолорду Бабаш ата тоолору деп атап келебиз. Чуудуулат болсо өзүнчө өргө көтөрүп бөлүнгөндө Сары өзөн Чүйдү ээлеп, азыркы Чу суусунун жээгин жердеген экен. Ал эми Ак буура Алайды жердеп, азыр анын аты менен аталып жүргөн Ак буура дарыясынын башында көчүп-конуп жүргөн экен.
  • Бабаш бийден уч бала калат. Долон бий, Муратай, Сабатай. Долон бий Кара-Колдо (азыркы Каракол) кыштап турган. Азыркы Долон ашуусу да Долон бий атабыздын ысымынан калган. Кышкысын көл кылаасындагы Кара-Кол мал-жанга жайлуу болгондуктан колдоочу жерим деп аталган. Долон бийдин үч улуттан үч байбичеси болгон. Чон байбичеси Сатыке кыргыз болгон. Экинчи аялы Наркүмүш казак кызы, учунчу аялы турк улутунан Каттабүш. Чоң байбичесинен Ак уул, Куу уул, Наалы деген кыздуу болгон. Наркүмүштөн Орто канат Ойрот уул болот. Түрк энебиз Каттабуштөн Кыраан канат Кызыл уул төрөлөт.
  • Долон бий ошол кезде Ак уулун оң тизесине отургузуп “0ң канатым Ак уулум, оң колуна жарак алып камчылайт” деп эркелетет. Куу уулун сол тизесине олтургузуп алып “Сол канатым Куу уулум, сол колуна тизгин кармап башкарат” деп эркелетет. Ошондо Сатыке абышкасына карап, бул эмне деп эркелеткениң деп сураганда “Оң балам дүйнө таап бай болуп инисине берип камчылап турат. Сол балам элди тизгин кармагандай бириктирип, башкарып турат” деген экен. Оң канат болгон Ак уулу бойго жеткенде Каркыра деген кызга үйлөндүрүп, ошол той берилген жайык ошол кыздын атынан Каркыра делип аталып калган.
  • Оң канат Ак уулдун балдары Адигене, Тагай, Муңгуш. Небере балдары Тагайдан Бугуарстан. Мындан солто уруусу тарайт. Койлон, мындан кооз Жедигер уруусу тарайт. Үчүнчү баласы Кылжыр, Кылжырдан үч бала төрөлөт, Орозбакты, Дөөлөтбакты, Давлатбакты. Орозбактыдан Бугу, Дөөлөтбактыдан Сарбагыш, Давлатбактыдан Тотой уруусу тарайт. Тагайбий ак үйгө барганда ордо кыздарынан 3ууракан деген кызга үйлөнгөн. Андан Карачоро деген балалуу болот. Карачородон төрт бала, Багыш, Баарын, Келдике, Суумурун. Тагай бийдин бешинчи баласы Саяк, алтынчы баласы Азык (Ошентип oң канат Ак уулдун кыскача баяны бүттү).
  • Сол канат Куу уулу бойго жеткенде Долон атабыз аны Алай дарыясынын боюна алып келип Гүлүша деген кызга үйлөндүрөт. Ошол маалда уулун үйлөндүрүп той берген жер келининин атынан Гүлүшө деп аталып, азыр Алай районун борбору Гүлчө аталып жүрөт. Куу уул ата менен Гүлүшө энебизден тогуз бала төрөлөт. Чоңбагыш, Кутчу (Кушчу), Мундуз, Кытай, Саруу, Басыз, Берен, Жетиген, Төбөй. Куу уулдун тогуз небере баласы кытайдын кол астында жайгашкан.
  • Тактап айтканда Чон багыштын жети уулу, Кутчунун бир уулу, Мундуздун бир уулу... Чоң багыштын балдары: Азгаалы, Кандабес, Мачак, Пинчин, Кулун, Сарык, Килет. Кутчунун Кутубай, Мундуздун 3улдуз деген уулдары Кытай кол астындагы жерлерге жайгашкан.
  • Ал эми Ак уул менен Куу уулдун укум-тукуму түштүк-түндүк кыргыз жерин жердешип, аралаш жашашат. Булар бир ата, бир энеден.

    Долон бийдин ортончу аялы Наркүмүш казак энебиздин баяны

    Ошол кезде Орто Азия элин Чыңгызхан басып турган. Жан алекетин кылган Наркүмүш энебиз орто канат Ойрот уулун алып Суусамырда туруп калат. Бир-эки жылдан кийин уулун алып төркүнүнө көчүп кетет. Ойрот уулун казак кызына үйлөнтөт. Мындан Төөлөс, Найман деген эки бала төрөлөт. Алар үйлөнүп, очор-бачар болуп он түтүнгө жеткенде жарымы кыргызга көчүп, жарымы казак жеринде калат. Бул уруунун урпактары ошол үчүн кыргызда да, казакта да бар. Булардын оң канатка да, coл канатка да тууганчылыгы барабар.

    Түрк энебиз Каттабүштүн балдарынын баяны

    Чынгызхандын колунда Каттабүш энебиз балдары менен асирмекке түшүп калат. Ал эне өтө чебер уз, билерман болгон. Чынгызхандын жоокерлеринин тердик токулгаларын шырып, соот тон кийидирип кызматын көп өтөйт. Бир күнү Чынгызхан “аялдын мүдөөсүн сурачы” дейт. Ал киши байбичеден сураганда “Мен нечен жылдан бери Чынгызхандын колунда жүрдүм. Эми мени кыргыздар кабыл албайт. Менин мүдөөм баламды алып, төркүнүмө кетейин” деп суранат. Чынгызхан адамдарын кошуп берип, кыраан канат Кызыл уулу менен чогуу Туркияга жөнөтөт. Кыраан канат Кызыл уулдан төрөлгөн балдар Туркияда жашап калышат.

    Бабаш бийдин экинчи баласы Муратайдын баяны

    Муратай Мадияр,Молдочекир деген эки балалуу болгондо аялы өлүп калат. Атасы Бабаш бийге таарынып, Мадыяр деген баласын алып, 100 кыргыз, кыпчак жигиттери менен Муратай Венгерияга өтүп кетет. Ошол жактагы кыргыздар Муратайдын балдары. Долон бий Молдочекирди үйлөйт.

    Сабатайдан тараган балдардын баяны

    Сабатайдын биринчи баласы Нойгут, экинчиси Жоокесек, үчүнчүсү Кесек, төртүнчүсү Ават, бешинчиси Бостон, алтынчысы Кыдыршаа, жетинчиси Тейит, сегизинчиси Канды, тогузунчусу Дөмөр, онунчусу Отуз уул. Булар негизинен ичкилик кыргыздар деп аталат. Булардын жайгашкан жерлери өзгөндүн Каракулжа дарыясынын этеги Амур дарыясына чейин Кыпчак ураанына чакырылат.

    Бабаш бийдин бир тууганы Чуудуулаттын балдарынын баяны

    Чуудуулаттын биринчи баласы Көкө баатыр тага журтуна барып чоңоюп, 55 жашка чыкканда кайтып келет. Кайтып келгенде Ак уул, Куу уулдун балдарынын колуна туруп калат. Ошол кезде Долон бийдин кызы Наалы эже Ак уул менен Куу уулдун балдарына башчы болуп, эркекче кийинип, коңур кулак Гүлбадам деген атты минип, жанына кылыч байланып, жоону көрсө шайланып, найза cyнyп, жаа тартып эркекче жүрөт экен. Көкө баатыр 55 жашында келип укөлөрүнүн, Наалы эженин колунда беш жыл кызмат кылат.
    Oшoл маалда Көкө баатыр 60 жашка чыгып, Наалы эже 40 жашка чыгат. Көкө баатыр сакчылардын башчысы болуп, түнкүсүн уктап жатканда башында дайым шам, күйүп турат экен. Аны Наалы эже байкап жүрөт. Бир күнү Наалы эже алты чепкен тиктирип, эки чепкенге чөнтөк салдырып, бир чепкендин чөнтөгүнө кызыл алма, экинчи чепкендин чөнтөгүнө эзилип бышкан эки алма салып коёт. Алты чепкенди эки бир тууганынын үчтөн алты баласына кийгизет.
    Кызыл алма салынган чепкенди Адигинеге, ак алма салынган чепкенди Чоң багышка кийгизет. Үчүнчү чепкенди Тагайга, төртүнчү чепкенди Кутчуга, бешинчи чепкенди Муңгушка, алтынчы чепкенди Мундузга кийгизет. Алтоо алты чепкенди кийишип, “эжебиз кыркка чыгып калды эле, бул кандай сыр болду экен” деп ойлонуп олтурушат. Ошондо эң кенжеси Мундуз, “Агаларым, ойлонбойсуңарбы? Эжебиздин бул сырды көрсөткөнү - бойго жеттим дегени” дейт. Агалары күлүшүп, эжебизди күйөөгө тий деп кантип айтабыз деп ойлонуп олтурушуп, акыры жеңе-желпилерди элчи кылып жөнөтүшөт.
    Барган аялдарга Наалы эже “Менин убактым өтүп кетиптир. Мен Көкө баатырга эле турмушка чыгам” деп айтыптыр. Аялдар келип, болгон сөздү инилерине айтканда Тагай бийдин жаалы келип, кылыч; калканын колуна алып “чаап салам” деп жулунганда Адигине менен Чоңбагыш “Тагай бий! Бир ачууңду бизге бер” деп токтотуп калышат.
    Ошондо иниси Мундуз “Бий ага, буудайдын бараар жери тегирмен, кыздын бараар жери куйее, муну ата-бабаларыбыз макал кылып айткан экен го» дейт. Тагай бий Мундуздун бул сөзүнө курсант болуп, кылыч менен калканды керегенин башына илип, эки уулдун балдары Наалы эжебизди Көкө баатырга далай күн той-тамаша кылып берип, шаан-шөкөт менен узаткан экен.
    Көкө баатырдан Наалы эжебиз Моңол деген уулдуу болот. Ал бала чоңоюп, бойго жетип, үйлөнүп-жайланып эки уулдуу болот. Тун уулунун атын Самансур, кичүүсүнүн атын Бай коет. Самансур Ак уулдун балдары менен түндүктө, Бай Куу уулдун балдары менен түштүктө жашап калат. Ошентип түндүк, түштүктөгү Моңолдор уруулары Көкө баатырдын тукумдары болуп саналат.

    МУНДУ3 УРУУСУ

    Ааламды Алла жараткан,
    Адамзат жасап тараткан.
    Ааламга нуру тийсин деп
    Ай, жылдыз, күндү жараткан.
    Агарган тоодо чаң болбойт,
    Океан көлдө чен болбойт,
    Тагдыры болбой жер болбойт,
    Тарыхы болбой эл болбойт.
    Ободон тийген жылдыздар
    Ак калпак улут кыргыздар
    Абалтан ырда айтылат,
    Ак үйлүү жалпы мундуздар.
    Ата мурас жайлоо деп
    Алайга көздөп көчкөндө
    Арканын тартса чыктасы,
    Ар жерде кыргыз ырдаса,
    Атадан калган нускасы.
    Абалкы Мундуз атабыз,
    Көчкөндө көчү илкиген,
    Көрпө ичиги силкиген
    Көчкөндө көчү мундуздай
    Көрпө ичиги кундуздай.
    Абалкы ата мундуздун
    Айдаган малы жылдыздай.

  • Куу улдун үчүнчү уулу Мундуздун укум-тукумунун уланып таралышын баштаганыбызда алгач анын үч байбичеси бар экендигин, алардан тогуз уулдуу болгондугун белгилей кетели. Мундуздун кыргыз байбичесинен 3улум, 3уркай, 3ултай, Шыгай, Лакай, Калдык. Ал эми 3аамин менен Шердар өзбөк байбичесинен. Тогузунчу баласы 3улдуз уйгур аялынан.
  • 3улум менен 3уркайдан тарагандар Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондорунда, Өзбөкистандын Анжыян облусунун Канабад, Жалал кудук, Айым райондорунда, Токмоктун Кегетисинде, Таластын Кырк казык, Миң булак деген жерлеринде, Каракулжа районунун Ажыке, Алайкуу өрөөндөрүндө жашайт.
  • Зултайдан тарагандар көл айланасындагы Жетиөгуз, Аксуу, Түп райондорунда, Кеминде, Кочкордо жайгашкан. Шыгайдан тарагандар Жаңыжол районунун Мундуз сай, Аксуу, Ак жол айылдарында, Чаткалда. Лакайдан тарагандар Тажикстандын Гисар, Гөлөп, Лакшы өрөөндөрүндө турат.
  • Калдыктан тарагандар Тажикстандын Жергетал өрөөнүндө жашашат. Мына ушул жерде Калдык атага бир аз токтолуп кетебиз. Калдыктан эки бала бар. Биринчи баласы Кара, экинчи баласы Чабыр. Ошол маалда Орто Азияны кара кытай басып турган экен. Чабыр бала-чакасын алып, Энесай жээгиндеги Абакан шаарына көчүп кеткен. Ошол жактагы мундуздар мына ушул Чабырдан тарагандар.
  • Карага Калдык атабыз тажиктин Тегин деген кызын алып берген. Кара менен Тегин Чоң кыргыз деген бир балалуу болушкан. Ал бала жүгүрүп жүргөн маалда чоң атасы Калдык небересин алып жайлоого көчүп кетет. Ошол күндөрдүн биринде көнөктөп жамгыр төгүп, жамгыр ceлгe айланып кыштоодо дыйканчылык кылып калышкан Кара менен Тегинди алып кеткен экен. Ошол күндөн yшyл күнгө чейин экөөнү сел алган өрөөн Кара Тегин өpөөнү деп аталып калган.
  • Эми Мундуз атабыздын өзбек аялынан төрөлгөн эки уулдан тараган тукумдардын жайгашкан жери тууралуу айта кетели. Бул эки уулдан тараган балдар ошол кездерде Оро-Төбө, 3ааминде жана Санзар дарыясынын боюнда, Макмал тоолорунда жайгашкан. Шейбаны кан Самаркандан Анжиянга келип Бабур канды кууганда 3ааминдин балдары менен Шердардын балдары Бабур кан менен сүйлөшүп, булардын тең жарымы каракалпактарды аралап, Арал деңизинин боюна туруп калышкан. Тең жарымы Бабурга кошулуп, Кара Тегин тоолору аркылуу Ооган жерине өтүп кетип, жергиликтүү эл менен аралаш, Кундуз деген жерге жайгашышкан. Азыр тегин унутуп оогандык болуп калышы да мумкун.
  • Бабур Оогандан Индияга өтүп кеткенде ээрчип кеткендер индиянын Агра шаарына жайгашкан деп айтылат. Уйгур аялынан төрөлгөн 3улдуздан тарагандар Кытайда. Кытай кол алдында тогуз уруу сол канат Куу уулдун балдары бар деп айтылат. Бирок булар небере балдары. Чоң багыштын жети уулу: Азгаалы, Кандабас, Мачак, Пинчин, Кулун, Сарык, Килет. Кутчунун Кутубай, Мундуздун 3улдуз деген уулу. Булардын жайгашкан жери Кытай кол астындагы Кызыл суу, Кулжа, Текес, Таргыватай өрөөндөрүндө. Ушуну менен Мундуз атабыз тогуз уулунан тарагандардын жайгашкан жерлери айтылып бүттү.
  • Эми чоң бала 3улумдан тарагандар: 3улумдан Каба баатыр, Каба баатырдын балдары Атакан, Акман, Дашман. Атакандан Карача баатыр, Таталай, Жалалбай. Булардын ичинен Жалалбайга токтоло кетели. Жалалбай жаштайынан эле арык чаап, кудук казып, суу чыгарганга маш болуп, жалаң маңдай тери менен бала-чакасын баккан адам болуптур. Карый жашап, 126 жашка чыгып көзү өтүптүр. Көзү өткөн соң ошол өзү мекен кылып жашап турган өрөөндү Жалал-Кудук деп атап коюшкан экен.
  • Азыркы ошол Жалал-Кудук району мына ошол атабыздын ысмынан калган. Ал эми Жалалбай атабыз карыганда келин-кесектер “Желимкөз аке” деп тергеп жүрүшүп, ошол боюнча андан тараган урпактарды бүгүнкү күнгө чейин Желимкөздөр деп атап келебиз.
  • Эми экинчи уулу Акмандан тарагандар жөнүндө кеп салалы. Акмандын тун уулу Абакан, экинчиси Алдозбай, үчүнчүсү Абышка.
  • Абакандын чоң байбичеси Шайдабүдөн 5 уулу болгон. Абык, Шыдыр, Кыйра, Дүрбөл, Көкайдар. Экинчи аялы Орунбүдөн Көкчөгөз, Ожурай, Карагул деген балдары болгон. Бул сегиз баланын лакап аттары бээ байлабастын беш уулу, үчөөнү кошкондо ак үйлүү бай мундуз деп аталат.
  • Алдозбайдын чоң байбичеси Таластык Берен деген уруудан чыккан. Садабай деген адамдын кызы Кылымай Бообек деген бала төрөгөн. Алдозбайдын экинчи аялы Кутчу уруусунун Кубатбек бийинин кызы Өмүркан, бул Өтөмүш деген бала төрөгөн. Мындан тарагандар Өтөмүштүн балдары деп аталат.
  • үчүнчү аялы Адигиненин Тасма уруусунан Шераалы дегендин кызы Жаркынай Жараке деген уул төрөгөн. Мындан тарагандар Жараке деп аталышат. Төртүнчү аялы Акталаалык Тагай уругунан чыккан Жаңыбай бийдин кызы Канымай Жаныбек, Шырдакбек деген эки бала төрөгөн. Канымай эне Алдозбай бийдин көрөркөзү болуп өргөөдө арчадан чапкан үкөктө жатчу экен. Эркелиги ашынып, сырттан келген адамдарга башын көтөрүштөн эринип, баш көтөрбөй жооп берчү экен. Ушул себептен бул энебиздин Жаныбек деген уулунан тараган балдарды Тыраймалар деп атап калышкан. Шырдакбектен тукум калган эмес. Эми Алдозбайдын чоң уулу Бообектин таржымалы жөнүндө бир айта кетели. Бообектен эки уул болгон. Чоң уулу Эшпер, кичүү уулу Манас, Эшперден Дөөлөт уулу, Ботобай уулу тарайт. Манастан Акылбек уулу, Казыбай уулу, Өмөрбек уулу. (Өмөрбек уулунан тарагандарды Коноко деп лакап аты менен атайбыз.) Мына ушул беш баладан беш топ Бообек уругу тарайт.
  • Абышканын балдарынын баяны. Абышканын үч уулу болгон. Карабек, Кырабек, Майдабек. Карабектен тарагандар Көтөрмөдө, Корткуда жайгашкан. Кырабектен тарагандар Анжияндын тегерегинде, Аламышыкта, Атчабарда жана Ботокарада жайгашкан. Майдабектен тарагандар Чаңылташта, Жийдеде, Бөкөйдө жайгашкан. Мына ушуну менен 3улумдун балдарынын баяны бүттү.
  • Эми 3уркайдан тарагандар... 3уркайдын эки уулу бар. Мааничекир тун уулу, Кожояр экинчи уулу. Мааничекирден эки бала - Жолуке, Жоомарт. Жолукеден төрт топ Коткорлор, Жоомарттан төрт топ Ойсураттар тараган. Кожоярдан эки бала - Бакай, Шүкүр болгон. Кожоярдын чоң уулу Бакайдан Дарга, Сарке болгон. Ал эми Шүкүрдөн да эки бала бар. (Алардын атын эстей албадым.) Буларды жалпы жонунан 3уркайдын балдары деп коюшат. Жогоруда тарагандын бардыгы эки атанын балдары болуп эсептелет.
  • Ал эми калган жети атанын балдарынын таралыштары боюнча ошол өздөрү жайгашкан чөйрөдөгү санжырачылар билбесе менин баамым жетпейт...




Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ