Теңизбай урпактары
(Эл дүйнөсү. № 1,2009)

Жапарали Осмонкулов


    Союз мезгилинде санжыраны саясатчылар "сандырак сөз" деп санга кошпой келген.
    Албетте, ал тарыхтай далилденген так илим эмес эле. Кылымдар бою ооздон оозго айтылып келаткандыгы үчүн айрым чаташуулар, өөдө-ылдый кемчиликтери болушу мүмкүн. Бирок жаралган кудурети, аккан нугу, айтылган сөзу көзгө көрүнүп эле турат. Адатта, бир дарактын мөмөсү кай жеринде жайгашпасын ошо даракка гана таандык болот. Арийне, кыйыштырылган дарактай бир уруу, бир урууга же элге сиңип кеткен учурлар болот. Андайлар бардык урууларда кезиккен. Бүгүн Теңизбай уруусу жөнүндө азыноолак сөз кылмакчыбыз.
    Теңизбайдын урпактарын Кыргызстандын көп бурчунан учуратууга болот. Шартка жараша бу санда Кара-Кулжа районундагы Биймырза, Сары-Камыш айылындагы урпактардын ысымдары аталды. Кемчилиги болсо - ал мезгил иши, толукталат.
    Санжыраны баштоодо Мамади Баимбетов, Адашкан Осмонкулов, Мамет молдо Жолдошов, Байыш Нуруевдердин таасири чоң болду, материалдарды чогултууда жана толуктоодо зор жардамы тийди. Ошондуктан аларга терең ыраазымын.
    Тенңизбай деген уюткулуу журттан Айманбай уулу Маанеке деген астроном, жазуучулардан Касымалы Жөнтөшев, ата-бала Байжиевдер, Эрнис Турсунов, эл артистеринен Советбек Жумадылов, Рыспай Абдыкадыров, Анарбек Ибраев жана Адашкан Осмонкулов, Сайип Көкөев, Шарип Жээнбеков, Мамади Баимбетов, Шайык Жамансариев өңдуу мартабалуу карыялар чыккан. Айта берсе аты чыккандар көп. Азырынча ушуга каниет кылып туралы. Кийин Теңизбайдын атактуу уул-кыздары жөнүндөгү китепте кеңири айтылат деген ойдомун. Эмесе ийгилигибиз арта берсин, бардыгыбызга аманчылык!

    Ак уулдун бир баласы - Адыгине.

    Адыгине Ноокаттын "Көк-Бел" деген жеринде туулган. Эр жеткенде, атасы үч уулу (Жайыл, Каратал, Каранай) менен куу уулдан жесир калган Гүлшаага үйлөйт. Адыгине кийин ичкиликтерден Сара деген кызды 2-аялдыкка алат.
    Гүлшаа энебиз Жоруну багып алган соң, Бөру, Баргы деген уул төрөйт. Ошентип, Адыгине үч уулдуу болуп калат.
    Сара энебизден Оргу, Саражар, Бектен, Tooке деген төрт уул төрөлөт.
    Адыгине жети уулуна ээн жаткан жерди ээлете баштайт. Калмактан улам коркунуч болуп тypгандыктан, чоң балдарын - Жору, Бөру, Баргыны астыңкы чекке Алай, Кара-Кулжа, Куршаб тарапка жайлатат.
    Сара эненин балдары - Оргу,Саражар, Бектен, Тоокелерди удаа Ноокат, Акбуура, Отуз-Адыр, Палван-Таш деген жерлерге жайгаштырат.
    Ушул жети баладан тарагандар той-тамашада чакырылып турат. Ошондуктан "Жети уруу эл келди деген айтым азыр деле эл арасында айтылыn калат.
    Кара Сатин Адыгиненин чоң уулу. Эл арасында эки лакап ат менен, "Жору", "Жолжакшы" деп айтылып келет. "Жору" деп аталып калышына мергенчилик себеп болот. Oшoл мезгилдин бийи Нарбото (ал кезде хандык жок экен) дубандын билерманы Адыгинени Коконго чакырып калат. Ушул күндөрдө Нарбото бий ууга чыгып, жолу болбой келген күндөр экен. Адыгине Нарботого баргандан кийинки күнү да ууга чыгышат. Дагы атууга эч нерсе жолукпай коёт. Асманда канаттyу учуп бараткан болуп, Нарбото бий атуунун кезегин Адыгинеге берет. Атылат. Жерге түшөт. Карашса, жору экен. Эртеси чай үстүндө Нарбото "Жору да болсо атып, жолду түзөдуң. Ордо баласынан бир бала берейин, уул кылып ал!" - деп, Кара Сатин аттуу баланы берет. Ал кездин шартында чыгаан балдарды ордого топтоп тарбиялашчу тура. Кара Сатинди "Көк-Белге" алып келип, Гулшаага бала кылып берет. Жогорку окуядан улам, эл Кара Сатинди "Жору" деп атап кетишет.
    "Жолжакшы" деген лакап аттын чыгышы – Гулшаанын төрөй башташынан келип чыккан делет. Гүлшаа биринчи күйөөсү Куу уулдан Жайыл, Каратал, Каранайды төрөгөндөн кийин жаш эле жесир калып, Адыгинеге нике кыйышкандыгы жогоруда айтылган. Адыгинеге келгенден кийин төрөбөй туруп калыптыр. Жоруну бала кылып алган жылдарда Бөрүнү төрөйт. "Жолу жакшы бала" экен, деп жүрүшүп, эркелетип "Жолжакшы" - деп да чакырышып кетишет.
    Санжыраларда айтылып жүргөн Кайраттуу Кара Сатин жана Жору жана Жолжакшы - бир эле адам. Аны үч башка адам деп адашпоо керек.

    Адыгиненин балдарын чечмелейли

    1 -уулу - Жору(Жолжакшы). Жору - Кастар, Астар деген эки уулдуу болот, ал доордун салтында мал да, ат коюу расмисине кирген экен. Кастар малына "ай" тамгасын, Астар "ача" белгисин салышчу тура. Ошондон "Ай Жору", "Ача Жору” - делип кетиптир. Санжырада да ушул ат айтылат. "Ай Жору" лакап атынын чын аты - Кастар. "Ача Жорунун" өзаты - Астар.
    2-уулу – Бөрудөн: Байыш, Кара жылкы, Кара Кучкач, Кудайкул, Таранчы, Казак, Таздар, Сарттар деген сегиз уул болуптур. Булар Ноокат, Кара-Кулжа, Алай райондорунда жана Өзбекстандын "Палван - Таш" деген жеринде турушат.
    З-уул Баргы. Андан Сатике, Сансыз, Aпылтай, Маңгылтай – төрт уул. Сатикенин үч уулу - Тилеке, Олжоке, Кокчо. Сансыздан төрт уул – Мөнөк, Ардай, Кенжекул, Ак Атан. Ак Атан "Жаңыл мырза" эпосунда айтылат. Балдары Ысык-Көлдө жашашат. Апылтайдан - Карабаргы, Сарыбаргы - Кара-Кулжа, Кеминде. Маңгылтайдан - Тазбаргы - Кара-Кулжа, Куршабда.
    4-уул Оргудан Ават деген жалгыз уул. Аваттан - Татар, Тана. Булар Ош аймагында жайгашкан.
    5-уул Саражар. Кээде Сарттар деп да аталып жүрөт. Мындан: Жакшылык, Куртка, Караган, Кашкатай, Кара Менде, Кадыр, Кабылган. Булар Алай, Кара-Суу, Кетмен-Тебе жеринде жашашат.
    6-уул Бектен. Мындан Баарын, Карабагыш, Акбагыш уулдары. Карабагыштын уч аялынан 15 уул болуп, Бектен аталбай эле Карабагыш аталып кеткен. Алар Кара-Суу, Өзгөн райондорунда.
    7-уул Тооке. Тоокеден Myңгyш. Мындан Коштамга, Жагалмай, Кодогочун. Тоокенин бакма баласы булгаары иштеткен уйгур баладан: Каңгы,Тейит, Жоокесек, Кызыл-аяк, Кыдырма, Бостон, Кесек, Найман, Нойгут тараган. Булар Алай, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жашашат.
    Ошентип, Адыгиненин 7 баласынан кабар айтылды. Алардын тарап, бөлүнүп кетиши жөнүндө сөз болот.
    Азырынча, Адыгиненин. чоң уулу Жорунун баласы Айжору (өз аты - Кастар) жөнүндө азыноолак айта кетели.
    Айжорунун Аккөрпө деген аялынан Теңизбай, Кенжебек деген уулдар, Сонунбала деген аялынан Ардий, Каракунас аттуу уулдар төрөлүптүр.
    Теңизбай жашынан эл бийлеп, кооздонуп жүргөн адам болот. Ошондонбу, Жору журтунда "Ак үзөңгу Теңизбай" - деген ат менен чакырылып жүрөт. Иниси Кенжебек (Тасма) шыңга бойлуу, сыпаа, шамдагай бала жетилиптир. Жылдардын биринде кар жаап тypyп алып, малды жут алып, эл кыйналат. Ал кездин хан ордундагы Аппак Кожо элин кыдырып, абалын сурап жүрүп, Теңизбай бийге мейман болуп түнөп калат. Мейманга кызмат кылып жүргөн Кенжебек Аппак Кожонун колуна суу куюу цчун кирет. Ошондо Аппак Кожо: "Оо, Теңизбай бий иниң тасмадай созулган жигит болгон тypa", - дейт. Ошол жылдардан Кенжебек деп чакырышпай, "тасмадай" созулган жигит деп чакырып жүрүшүп, Тасма деп калышыптыр. Теңизбай, Тасма бир ата, бир энеден экендигин жети уруу журт кылымдап айтып - келишет. Баргы журтунан чыккан Курманжандын - уулу Мамытбек Сибирге айдалаарда ырдаган ырында:
    Катуу багыт, Алайкуу
    Наркы журтум аман бол!
    Сатике, Сансыз, Апылтай
    Баргы журтум аман бол!
    Теңизбай, Тасма бир тууган
    Тегиз журтум аман бол!
    Мартабасы кыйла элден
    Эгиз журтум аман бол! - деген тypa!
    Жорунун "Ача жору" (Астар) деген уулунан Ардай, Каракунас деген уулдар болуп, анын урпак¬тары азыр Алай районунун "Күйүк Мазар" капчыгайында жана Талдысуу дарыясынын "Беш Кечум" деген тоо кыркаларында жашап турушат.

    Теңизбай журту жөнүндө

    Теңизбайдын уч аялы болуптур. Экөөнүн балдары токтобойт экен. Кичуу аялы - Бубусайра делчу. Жогор жакта Аппак Кожонун Теңизбайдыкында мейман болгонун айтпадык беле. Ушул түнү. Бубусайра күндөштөрү кыш күнүндө Коломтого суу коюшпай жатып алышканын байкайт. Алардан эстүүсүнүп, даарат үчүн Коломтого суу коюуга батынбайт. Таң атууга аз калганын байкай коюп, абдастага суу куюп, койнуна катып ысытат.
    Аппак Кожо эрте туруп суу сурайт. Теңизбай эки байбичеси менен муздак суу бериштен тар¬тына түшөт. Ушул ченде Бубусайра денеси менен ысыткан абдастаны сунат. Аппак Кожо жылуу сууга ыраазы болуп, кетээринде атайылап бата берет. Ошол батадан соң, Бубусайра энебиз Булаш, Биймырза, Дөөлөтөй деген уулдарды төрөйт. Булаштан Асан, Досмат, Алооке аттуу уулдары болот. Ал кездин салыгы да оор өңдөнөт. Чоң уулу Асан салыкты төлөбөш максатында таптырбай, Ажикеден Качуурага өтө качат. Салыкчылар: "Асан туттурбаган азоо неме экен" - дешет. Ошондон улам "Азоо булаш" аталып кетишет.
    Досмат да салык телөшкө дараметсиз экен. Эки агасынын салыгын жоош-момун бай жашаган Алооке төлөй берет. "Бул саан эле уй тypa", - дешиптир. Ошондон бери Алоокенин урпактары "Уй булаш" делип, Кара-Кулжанын Ажике, Адырында жашап келишет.
    Биймырзадан Коштай, Жантай, Абыке, Габыке деген уулдар төрөлөт. Коштайдан - Эшмат, Жантайдан - Нургелди, дагы бир аты – Итэмген (Балдары токтобогондон каймана айтылган сез), Абыкеден - Жолдош, Кожоназар, Теңиз - деген уулдар болот. Габыкеден уул жок. Алардын урпактары азыркы Кара-Кулжа посёлогунун жарымын ээлеп, биймырзалыктар Кара-Кулжадан сырткары Сары-Камыш, Мырза-Аке, Чым деген айылдарда жашайт.
    Теңизбайдын үчүнчү уулу – Дөөлөтөй. Анын аялы Тооке журтунан Агача. Теңизбай журтунда Дөөлөтөйдун төрт уулун атасы Дөөлөтөйдун атынан атабай, апасы Агачанын атынан атап жүрүшөт. Агача энебиздин бир жак эмчегинен сүт чыкпаган экен. Ошондуктан, жалаңтөш б.а. бир эмчектүү дешип, балдарын «Жалаңтөштүн» балдары деп атап кетишиптир.
    «Жалаңтөштөн» (Дөөлөтөйдөн) Мамай, Назар, Ырыскул, Кенже деген төрт уул болот. Мамай, Ырыскул, Кенженин балдары Тоготой, Жигде жана Чым айылында жашап келишет. Кокон хандыгынын мезгилинде булардан Болотбек датка, Эргеш март, Эрке ырчы деген атагы алыска угулган инсандар чыккан.
    Жалаңтөштүн Назар деген уулу баатыр, балбан чыгат. Үйлөнө электе улак оюнунда карабагыштык бир манаптын уулун өлтүрүп алат. Анын кунуна атасы Дөөлөтөй, апасы Агача (Жалаңтөш) чыдашпайт, кеңешишип туруп, Назарды качырат. «Качып баратып, өлүп калган имиш» - деп угузушат.
    Назардын таржымалы мындайча да айтылат. Кунун кууганда жалгыз карындашын кошо ала качып, Солто элиндеги Карачоронун тукуму Суумурундукуна келет. Аерде бир жылча турат. Бир карыянын айтуусу боюнча Kөл кылаасындагы Белек деген ханга барат. Белек: «Урууңун аты унутулбасын, мындан ары Теңизбай аталып, менин Тогузбайыма аты уйкаш болсун» дейт. Белек ага аял алып берет. Андан Саты, Аноч, Кедей деген уч балалуу болот. Бирок балдарын кудулай баштаганда Теңизбай Суумурунга барат. «Мага тектүү жерден жубай таап бериңиз?» дейт. Суумурун карындашын күйөөгө берип, калың алып койгондуктан, өз кызын берүүнү макул көрөт. Андан Алдаберди, Теңирберди, Кудайберди деген уулдуу болот. Ошентип алты уулдан көбөйүп өзүнчө эл болот.
    Бир нече жыл өткөндө, Дөөлөтөй Назарды издетип, уулдарын жиберет. Табышат. Катташат. Ушул Назардын б.а. Жалаңтөштүн экинчи уулунун урпактары азыр Тепке, Чолпон айылдарында жана "Жыргалаң" совхозунда жашап турушат.




Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ