Ноокат жана Ноокаттыктар

Абдыкерим Муратов


    Ноокаттыктардын уруу-уруктары

    Ноокат районунун аймагында ар түрдүү уруу-уруктар жашайт, ошон үчүн алардын салт-санаа, расминде бир топ айырмачылыктар орун алган. Мисалы, райондогу кыргыздар жалпысынан экиге - отузуулдарга жана ичкиликтерге бөлүнөт. Отузуулдар негизинен Кыргызата суусунун чыгыш жагы, ичкиликтер батыш жагы. Бул эки уруулук чоң бөлүнүүдө расымдары, тили бир катар айырмалуу.

    Ноокатта адигине уруусундагылар, алардын ичинде бөрү, баргы, сатыке, мырзаке, муң (миң) дегендер бар. Булар Кыргызата суусунан чыгыш жактагы жанагы отузуулдарда.

    Андан батыш тарапта нойгуттар, наймандар (Нарай, Найман айылдары), тейиттер (Апшырсай айланасы), төөлөстөр, оргулар, каңдылар (Чечмесай, Борбаш, Жийде, Көкжар, Каранай) орун алган. Булардын ар биринин салттык өзгөчөлүктөрү болгон менен көп адат-расимдери бири-бирине өтүшүп, сиңишип кеткен.

    Кыргызстандагы эң көп уруу-уруктардын тогошкон жери ушул Ноокат району болуп саналат, башка бир да райондо мынчалык көп уруу-урук кездешпейт.

    Өзбектер да ич ара бир топ кабылаларга ажырайт. Аймакта кожолор, пайгамбар тукумдарынан тарагандар, Эмир Темир урпактары, барлас, коңурат элдеринин уландылары жашайт.

    Тарыхта аты калган таанымал инсандар

    Зиябидин максым (Зиябидин Магзуми) Мамашарип уулу. Кокон ордосунун мырзасы. Айрым тарыхий булактарда Мухаммед Зияуддин Максум-Дамулла Шариф оглы. Учурдагы бөлүнүш боюнча Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Жүлгө айлында туулган.
    Мойдунбек Усман уулу (Осмон уулу, Осмоналиев, Усманалиев). Белгилүү колбашчы. Аны расмий документтерде Муэтдин-бек, Мухиддин-бек деп аташкан.
    Ботобай Жунус уулу. Төкмө акын. Болжолу 1861-жылы Өзбекстандын Кожоабад районунун Каныябостон айлында туулган.
    Тайгара Жумаев. Төкмө акын. 1894-жылы Акбулак айлында туулган. Бостон уруусунан.
    Мамасеит Базарбаев. Төкмө акын. Туулган жери Төөмоюн болгон менен жети жашынан атасы өлүп, Ноокаттын Кыргызата айлында тагаларыныкында чоңойгон.
    Анаркүл Тажибаева. Ырчы, кошокчу, айтуучу. 1900-жылы Кашкалдакта туулган.
    Камчы Жунусов. Акын, котормочу. 1916-жылы 15-августа Башбадам айлында туулган.
    Камбаралы Бобулов.Жазуучу, акын, филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы, Эларалык адабий сынчылардын (МАЛК) мүчөсү. 1936-жылы 15-майда Өсөр айлында туулган.
    Мурза Гапаров.Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, прозаик, драматург. 1936-жылы Чечмесай (Нойгут) айлында төрөлгөн.
    Абдимитал Камалов.Карасөзчү, журналист. 1940-жылы Кожоке айлында туулган.
    Мырзаш Ашырбеков.Жазуучу, журналист. Куумайдан айлында туулган.
    Эсенбай Калдаров.Жазуучу, журналист, искусство изилдөөчү. 1951-жылы №44 жылкы заводунун Көкбел деген жеринде туулган.
    Абдиламит МатисаковЖазуучу, журналист, коомдук ишмер.СССР жана Кыргызстан Журналистер Союздарынын, эларалык "Руханият" сыйлыктарынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын жеңүүчүсү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Даңк" медалынын ээси. 1956-жылы №44 жылкы заводунун Күңгөйкожеке айлында туулган.
    Бектуруш Салгамани (Табалдиев)Акын, журналист. 1957-жылы Эскиноокат айыл кеңешинин Каапырбашы кыштагында туулган.
    Бекболот АбдираимовКомпозитор, обончу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер. 1945-жылы Кыргызатада туулган.
    Жээнбай Акимжан.Композитор, обончу. А.Малдыбаев атындагы эларалык (1992) жана М.Абдыраев атындагы (2002) сыйлыктын лауреаты. 1946-жылы Төөлөс айлында туулган.




Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ