Хан Толубай баяны

Дастан (Ала-Тоо+. № 1,2009)

Зарлык Деркембаев
(Жумаш Сырдыбаевдин айтканы боюнча
дастанга айландырылган)


    ♦ Көл башында “Бугу” уруусунун бийи Белек атанын үч аялынан он уулу болуптур. Белек бий көзүнүн тирүүсүндө казак Санчы сынчыга балдарын сынаткан дешет. Санчы сынчы Белектин балдарына төмөнкүдөй сын берген экен:

    Калмактан белги таш алган,
    Бугунун бийи: баатырым.
    Балдарыңды Белек Бий
    Сынатканы чакырдың.
    Чогултуп кел кашыма,
    Сынап берем башынан.
    Чоң байбиче Мекеден,
    Төрт уулуңду жетеле.
    Жазы маңдай жар кабак,
    Сом билектүү немелер.
    Суу башы болуп элди алар,
    Өз жандарын тың багар.
    Эл башкарып сөз билген,
    Тогузбайдан бир чыгар.
    Күлүк чыгып аттары
    Сулуу кызы көп болуп


    Жуучу тынбай эл барар.
    Тоң мүнөздүү Токойдон,
    Тирек болгон элине
    Туулат баатыр Кошойдой.
    Топук күткөн Токочтон
    Тууңду алып түбөлүк
    Түптүү журт болор Токочтор.
    Кенжесин Жаркын жарыңдын
    Күтүп алгын мокотпой.
    Кара мүртөз Сатыңда
    Каргыш, илкиш катылган.
    Дагы бирөө бар эле
    Таап келгин жашырбай.
    Бети-кол туурук кесилген,
    Чор болуп таман жешилген.
    Толубайың турбайбы,

    Энеси өлгөн, жетимчең.
    Тогуз уулуң бир экен
    Толубайың тең экен.
    Аман эсен чоңойсо,
    Ханга ылайык жан экен.
    Кең көкүрөк жайык төш,
    Ителги мүнөз кыргый көз.
    Качырса кайра тартпаган,
    Калыстык сөздөн кайтпаган.
    Шамдагай шайдоот эр болор
    Энеден жалгыз уулуңа
    Сынчылык өнөр бир келер.
    Ителги куштай таптап ал,
    Ийлентпей калың топко сал.
    Энеси асыл жан тура
    Өзүңдө айып жатпаган.


    ♦Энесинин жатыны асыл тура Белек бий жата түшсөң болмок деп өкүнгөн экен Санчы сынчы. Белек бий дүйнөдөн кайтып балдары жаш калат. Жаркын эне балдарын жетилтүүнүн максатында кайниси Такабайга турмушка чыгат. Жаркын эненин чачпак тоюнда Алдаш бата алып Саты каргышка калат. Белек бийдин улуу аялы Меке эненин балдары Толубайга үстөмдүк жасап, Белектен калган малды ысырап кыла баштайт. Тири карак Толубайдын Меке энеге сөзү тиет. Тууганга таарынган Толубай казак таякелеринде жүрүп элине кайтып келе жатып, сууда агып келе жаткан жылкынын тезегин көрүп “Тулпардын тезеги тура” деп суу өрдөп барып жону жоор жалгыз оттоп жүргөн сур байталды таап алат.

    Тезегин көрүп сууга аккан
    Талаадан таап “сур байтал”
    Сынап көрсө Толубай
    Жүрүшү шумдук шамалдай,
    Ачылган оозу араандай.
    Куюн жел жетпес, курч туяк
    Тулпар экен жараган.
    Кайыптан бүткөн мал болду,


    Эр жигит эңсеп самаган.
    Элине жеткен Толубай
    Эңишке түштү бир далай.
    Улак тартып аш тойдо,
    Жарышка түштү Толубай.
    Акылы күчтүү айлакер,
    Көз ирмебес найзакер
    Жоокер болду Толубай.


    Энеден жалгыз көк жалдын,
    Чоң байбиче Мекеге
    Жакпай жүрдү жоругу ай.
    Өкүмдүгүн көрө албай
    Ушунчада жайратып,
    Мертинткин деп жетимди.
    Колтугуна суу бүркүп,
    Балдарын бузган шекилдүү.

    ♦Толубай ал кезде Алыйман аттуу аял алып андан Эсиркеп, Жалгап деген эки балалуу болот. Аңгыча Саты дүйнөдөн кайтып, жесирин Толубайга алып беришет, андан Кудаке, Сейит аттуу эки балалуу болот. Улуу байбиченин балдары кекенип калгандыктан Толубай Жаркын энеден кеп-кеңеш сурап турган жери:

    Атадан алтоо болгончо,
    Энеден экөө болсочу.
    Аталаштын тогузу
    Алымды сурап койбоду.
    Энчиге мени ээ кылбай,
    Басынтып эчен кордоду.
    Айгайлап ураан салсамбы?
    Таяке Албан казакка
    Тартынбай кетип калсамбы?
    Кыйкырып ураан салсамбы?
    Кыйыр тууган эл издеп
    Кытайга кетип калсамбы?
    Бир уулу элем Белектин,


    Кейишим менин себептүү.
    Тууганым менен чабышпай
    Бактымды издеп алсамбы?
    Арбагын сыйлап атамдын,
    Алыска кетип калсамбы?
    Айланайын энеке,
    Акылың айтчы жөлөкө.
    Ат арытып алыстан
    Аккожо келди деп угам.
    Ыктыяр менен кол курап,
    Кашкардын Эсенкан ханына,
    Кызматка алат деп угам.
    Бактымды издеп барсамбы,

    Кеңешиң айтчы энеке
    Кашкарга кетип калсамбы?
    Жаркылдап Жаркын байбиче,
    Батасын берди уулуна:
    “Бактыңды издеп жер кезсең
    Кайрылып кон деп тууруңа.
    Аттансаң арбак колдосун
    Бет алган жактан жол болсун.
    Кыйрыңды кыдыр жалгасын
    Караңгы түндө жол тартсаң
    Кайрылып “Дубан” жандасын.
    Кашкарга барсаң аман бар,
    Кайрылсаң Алдаш агаң бар”.

    ♦Толубай Жаркын энеге балдарын аманат кылып табыштап Аккожо менен Кашкар ханына кызмат кылууга аттанат. Бул топтун арасында Таластан Мөндөк баатыр Анжыяндан аркага кайтып, Ысык-Көлгө келип биротоло туруп калат. Ошентип, Толубай Кашкардын Эсенкан ханына кызмат кылып жүрөт. Ошол учурда төмөнкүдөй окуялар болот:

    Кашкардын ханы Эсенкан
    Карып калган чагы экен.
    Күч кубат кетип денеден,
    Күүдөн кетип ал кезде
    Тайып калган чагы экен.
    Ойрот уйгур жоокери
    Тооруп калган чагы экен.
    Кашкардын ханы Эсенкан
    Кезегинде эр экен.
    Артында жалгыз тукуму,
    Күлжакан сулуу кызы экен.
    Эркектен тукум көрбөстөн
    Ичинде муңу бар экен.
    Тактысын тартып алмакка,
    Туусун жыгып салмакка,
    Калың кол менен ойроттор,
    Каптап келди бир паста.
    Ойроттон чыгып жекеге
    Ат ойнотуп баатыры.
    Жеке - жеке - жеке – деп
    Жекеге баатыр чакырды.
    Айласын таппай Эсенкан,
    Амалы кетип шашылды.
    Илгеркинин шарты ушул.
    Жекеге баатыр барчу экен
    Качырып найза сайчу экен.
    Баатыры өлгөн тараптан,
    Туу жыгылып калчу экен.
    Качкан жоону кубалап,
    Катын намыс алчу экен.
    Калың колдон эр чыкпай,
    Карайлады Эсенкан...
    Жар чакырып элине
    Жалгыз кызым Күлжакан
    Хандыгым кошо беремин
    Ким чыгат берем кезегин.
    Түнөргөн элден эр чыкпай,
    Түтөп турат Эсенкан.
    Акыл калчап Толубай
    Эки эмес хандын жардыгы
    Даярдап жарак жабдыгын.
    Сур байтал минип Толубай,


    Суурулуп элден бөлүндү.
    Арбакка сыйынып Толубай,
    Эл көзүнө көрүндү.
    Ат алмашып мингин деп
    Акыл айтып карылар
    Үч мертебе өтүнсө
    Карабай андай шартына,
    Арбагым бар деп артымдан.
    Алмашкыс атым сур байтал
    Кыргызда кыйла жол баскан.
    Сур байталды теминип
    Жекеге чыкты жалтанбай.
    Эр экени билинди
    Белектин уулу толубай.
    Жекеге чыккан баатырлар,
    Качырып найза сунушту.
    Карап турган калың кол
    Жалтанып көзүн жумушту.
    Биринчи эле беттеште
    Тоодой ойрот баатырын
    Тоңкоро сайып бүлүнттү.
    Ашкере күлүк сур байтал
    Кар жилигин ийилтти.
    Кашкардын калың аскерин,
    Таазим кылып жүгүнттү.
    Таамай сайган найзасы,
    Калың журтту жүгүнттү.
    Туу жыгылып ойроттор,
    Төбөгө түйгөн айдар чач
    Көк шилиде желбиреп,
    Качып берди калмактар.
    Жеңиши тийип колуна
    Жаркылдады Эсенкан
    Хан жардыгы эки эмес,
    Күлжакан кызын жетелеп,
    Эсепсиз калың мал союп
    Хан ордосун ойнотуп.
    Жар чакырып сурнайчан,
    Жанын безеп дутарчан
    Эстен кеткис той кылып
    Никеледи Күлжакан.
    Нике кайып буюруп


    Толубайдай баатырдын,
    Жары болду Күлжакан.
    Он ай бою көтөрүп
    Омуртка сыздап өчөйүп
    Уул тапты Күлжакан.
    Арадан эки жыл өтүп
    Кыз төрөдү Күлжакан.
    Хан көтөргөн Толубай
    Кайрымдуу болду кедейге.
    Мусапыр карып пендеге.
    Ордону бийлеп так курду,
    Ойлонуп ишин так кылды.
    Хондык доорун Толубай,
    Кашкарлыкка данк кылды.
    Ит агытып куш салып,
    Толубай өстөн нак курду.
    Ар кошкондон чогултуп
    Айыл куруп Толубай
    Хандык доорун так сүрдү.
    Хан ордосун бузууга,
    Кубатбек черик шарт кылды.
    Белектин уулу Толубай
    Кайран Бугу элинен
    Алыс жакта көз жумду.
    Хан ордосу кеңешке
    Керез айтты так чынды.
    Артымда кулун Кудайкул,
    Аргасыздан жаш калды
    Кашкарда алтын так калды.
    Артымдагы туякты
    Көл башында Бугуга
    Аманат кылып тапшырдым.
    Артымда Бугу элим бар
    Белек бийдин теги бар
    Ысык-Көл деген жерим бар.
    Алганым бар Алыйман,
    Аргасыздан айрылгам.
    Арбагымды кор кылбай,
    Кудайкул барса багып ал.
    Эстүү жигит табылса,
    Кашкарды бийлеп,
    Тагымды ал!

    деп Толубай хан көз жумду. Сөөгү Кашкардын чыгыш тарабына Аккожонун бейитине коюлду. Арадан ай өтүп Алдашка хан ордосу кабар жиберет. Ал кезде Алдаш бий кадырлуу адам болуп калган экен. “Толубайдын мүнөзү курч эле хан болдубу, же киши колдуу болуп өлдүбү” деп Кашкардан келген кабарчыга Эсиркепти кошуп жиберет. Мүнөзү жоош Эсиркеп Кашкарды башкара албай Ата мурас хандыгын ордо кызматкерлерине берип, хан казынасы тартуулаган алтын, күмүш жамбыларды алып, ордо сакчыларынын кайтаруусунда элине келет. Алдаш бий Толубайдын хан болгондугуна ишенип, “катын баласын алып келбесем Толубайдын арбагы ыраазы болбос” деп Кашкарга барат. Алдаш баатырдын өтүнүчүн аткарып уул-кызына энчи бөлүп берип, куржун толо алтын, күмуш жамбылар менен узатышат. Алдаш бий Күлжаканга өзүнө нике кыйдырат. Күндөрдүн биринде жайлоого бараткан көч Алдаштын айлына токтойт. Көчтө Алыйман эне бар экен, көчкө суусундук аяк сунулат. Алыйман эне “Кудайкулду көргөзгүлө” деп өтүнүч кылат. Күлжакан Кудайкулду жетелеп келет. Ошондо Алыйман эне Кудайкулду кучактап алып айтып турган жери:

    Кашкарга кетип арстаным
    Кайрылып элге кайтпадың.
    Таяке албан казакка,
    Намыс кылып батпадың.
    Хан атаң көзүн жумганда
    Аталаш тууган басынтып
    Кастарын тигип турганда
    Арбагын сыйлап атаңдын
    Айрылдың элден арманда.
    Сур байталды түйүлтүп,
    Сундуруп найза сайганда.
    Алтын такка отуруп,
    Кашкарга сурак кылганда.
    Алыс, алыс, алыс жол
    Анжиян көздөп барганда
    Артыңда Бугу элиң жок
    Арбак колдоп алганда
    Кабарың жок, дайның жок
    Карардың каным тууганга.
    Батасы тийип арбактын,
    Ташың кулап турганда.
    Эстедиң бекен элиңди,
    Киндик кан тамган жериңди.
    Ак никелүү зайбыңды,
    Ак өргөлүү айлыңды.
    Кара болот курч элең,
    Калкыңдан чыккан сынчы элең
    Кара жер кантип жашырып
    Кантип жаның чыкты экен.
    Куйту душман черикти
    Жаздым көрдүң эмнеге.
    Кашкардагы даңазаң,


    Сыдырым соккон жел беле.
    Топурак буюрбай элиңден,
    Коюлбай туулган жериңе.
    Көзү ачык кеткен курчтайым,
    Кайрылып конгус куштайым.
    Кайгыны башка салганда,
    Кашкарга кетип калганда.
    Көзүмдүн жашын көлдөтүп,
    Көп жылы күттүм арманда.
    Кулундай туйлайт жүрөгүм
    Кудайкул келип калганга.
    Күйүттө жүрөк тумчукту,
    Жазганын көрүп буйруктун.
    Каргадай болгон каралдым,
    Кашкарга барып хан болуп.
    Хан атаң өттү Толубай.
    Кудайым берип Кудайкул,
    Кабылдыңбыжолумдан.
    Арбагын сыйлап атаңдын,
    Алып кетчү оюм бар.
    Чылбырыма чырмалып,
    Чырылдаба Күлжакан.
    Жаш экенсиң жарбагыр,
    Төрөп алгын Күлжакан.
    Толубайдын тукумун
    Алып кетем Күлжакан.
    Бербеймин деп бек келсе
    Курмандыкка башымды
    Чалып кетем Күлжакан.
    Чатак чыгып, эл келди,
    Жамынып Кымкап чепкенди
    Чатакка Алдаш бек келди.


    Ит болбойт бөрү баласы,
    Элин тапсын деп койду.
    Алкап кайын агасын,
    Элден бөлүп баласын,
    Чыркыратып Алыйман
    Алып кетти боздотуп,
    Кудайкулду айылдан.
    Чылбырына чырмалып,
    Чырылдады Күлжакан.
    Өрттөнүп ичи ачышып,
    Тызылдады Күлжакан.
    Буулуп, буулуп буркурап,
    Боздоп калды Күлжакан.
    Көкөйүн кескен эчендин,
    Көкөйүн каткан шум заман.
    Баласы таап эл жерин
    Толубайдын арбагы
    Тирилгендей болду эми.
    Акылман эне Алыйман
    Өз баладай асырап,
    Кудайкул болду эрмеги.
    Эр жигит болду Кудайкул
    Эл журтуна таанылган.
    Тукум тарап үзүлбөй
    Талды-Суу деген айылда
    Кабыры турат Кашкарда.
    Баяны калып дастанда
    Хан Толубай дастаны,
    Санжырадан башталган.
    Эл оозунда айтылып,
    Көкүрөктө жатталган.

Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ