А К Е Л Е Р
(Ала-Тоо+. № 1,2009)

Кашымбек Асанбеков


    ♦Эгемендик шарданы менен эркин сүйлөөгө эгедер болдук. Агын ак, көгүн көк деп, эртеңки кокустуктан артын качырып чочулабай, коркуп-үркпөй, кымырынып-кымсынбай айта турган учур азыр. Ылайым эгемендиктин боосу бек болсун. Өткөн жолубуздун баарынан өөн издеп, ага жамандыктын баарын атайылап жамай берген адам жарыбайт, анын жарык жагы менен жарамсыз жагын айтканда ыйманды жебей, ырысты кыркпай, калыстыктан кайтпаганыбыз ийги.

    Ар мезгилдин өз заманына жараша анын адамдары. Кеңеш убагында талапка карай "тап", "тап күрөшү" өкүм сүрүп, муруңку аттуу-баштууларды, бардар адамдардын көпчүлүгүн тап катары жойгону замандын агымын буркан-шаркан түшүргөн. Ага ак-карасы да, маскарасы да аралаш аккан.

    Эзелтен эл башында жөн билги, эстүү адамдар турган. Эл ичинде төбөсү көрүнүп баш көтөргөндөр барк, сөз билгендер нарк күтүшкөн. кадырмандары жок калк болбойт. Ошондой кадырман адамдардан каралык, абройлуудан алалык издеп кыйкым таап, жерип келбедикпи. Бий, бай-манаптардын балдары билинбөөгө аракет кылып, кылмышкердей кымырынып, ойлорун дпа, бойлорун да жашырышкан. Арийне, заман парзы ушундай болду.

    XVII кылымдын 30-жылдарында - XVIII кылымдын биринчи жарымында Чыгыш Түркстан, Жети-Суу жана Теңир-Тоо аймагын байырлаган кыргыздарга Жуңгар хандыгынын ойрот (сарт-калмактар) уруулары кайра-кайра басып кирип, эки эл тынымсыз чабуулга өтүп турган кез болчу. Ошол каар заманда Карга Акенин "Ынтымак оңдуу болбой, ырыскы жөндүү болбойт", "Калыстыгы жок бийдин калкка кереги не..." деген акылман сөздөрү бүгүнкү күн үчүн да, келечек муундар үчүн да айтылган керээз, осуят-насаат кеп болуп саналат.

    Карга Акенин турмушка болгон көз карашынын олуттуулугу, тереңдиги жана даанышмандыгы анын кеменгерлик менен айтылган нуска сөздөрүнөн даана көрүнүп турат. Артына сөз калтырбаса, Акенин акелик касиети кайсы?! Ошондуктан эл арасында: "Калысты Каргадан тап", "Карга Акенин касиети, оозунда осуяты бар" - деген кептер бекеринен аңыз болуп айтылып калбаса керек.

    Карга Аке журт биримдигин жоодон сак болууну, коогалаңдуу жаңжал кор кылгандыгын эскертип, ойрот калмактар оң кылбасына өтө тынчсызданып: "Чыккан күндүн да батаары бар, тирүүнүн кайтаар катары бар. Улуу жаштын учурунан өттүм. Бизге чейин да бир катар акылмандар өткөн бу дүйнөдөн. Калктын тынчы кетип, калмактын азабынан эл кайда барбады, кайда калбады". "Калмак - кара көпөлөк, каптаса чаңды көтөрөт" дешчү эле. "Жоонун жоругун билбей, кордугун көрдүк. Жоо бар жерде жоболоң, ырк кеткен жерде тополоң. Жоонун жолунан чыккылык кылбасын. Жоо аябайт, жаш-карыңа карабайт. Алсыз басынат, арсыз чабылат. Алыңа карап айбат кыласың, карууңа карап кайрат кыласың. Жоо күчтүү болсо качасың, кайгыга батасың. Эр башынан эмне өтпөйт". "Калмактын камчысы кайрылбасын, калкым көлүнөн айрылбасын" деп тилеп, ичимде бугум, көңүлдө зарым жаныма тынчтык берчү эмес эле. Кудай элдин тилегин кабыл кылды. Калмактын камчысын каруусунан какты, калмак ниетинен тапты. Бешенебизге жазган касиеттүү Ысык-Көлүбүз өзүбүзгө буюрду. "Ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың" биримдикте, бир тилекте болуп, ырысыбызга буюрган Ата конуш жерибизди, чакан элибизди бириктирип, таштын уюлундай биригели. Бирлик болбосо, тирлик курусун. Чачкын болсок - чабылабыз, бир балээге кабылабыз. Бүтүн болбосок - бүлүнөбүз, санаасы бузукка бүгүлөбүз", - деп айткан экен.


    ...1840-жылы Жыргалаңдын боюнда өткөн чоң жыйында кадимки Тилекмат Мойт атаны, Сарт абаны "Аке" деп атоону сунуш кылганда калың эл түп көтөрө колдоп кетишкен. Ошондон тартып алар "Мойт Аке", "Сарт Аке" деп аталып калышат. Ошондо Мойт 90-го, Сарт 60-ка барып калган экен. "Аке" наамы - эл тагдырына күйүп-бышып, токсон толгонуп, элдин келечегинин камын көргөн элдик инсандарга элдин урмат-сый кылып берген улуу даражасы. Акелер адамдык улуу сапаттардын ээси, калыс, адилет, чындыктан тайбаган, кыраакы, өзгөчө феномендүү элдин куту болушкан. Коомдо даанышмандыктын, акылмандыктын, билермандыктын кепили болуп, карапайым эл менен алака түзүүдө туура багыт беришкен, бийликке аралашып, саясатта да аброй күтүшкөн.

    Ысык-Көлдө дараметине карай Акелер шатысынын эң жогорку баскычында жети Аке таанылды. Акелердин баары тең эл башында болушкан. Карга Аке "түшпөс бий" атыгып, 70-80 жылдай бий болсо, Мойт Акени эл да, эл башчылары да кадырлашкан. Сарт Аке өкүмдарларга кеңешчи болсо, Тилекмат Аке "баатыр элчи" аталып, бий да болгон. Садыр Аке, Карач Аке жана Кыдыр Аке болуш, болуштардын төрагасы, уезддин да, элдин да ишенимдүү адамы болуп эсептелген. Акелер чындыкты жактыргандыктары жана коргогондуктары, элди урматтагандыктары, эл мүдөөсүн орундатышкандыктары менен эл-журтка алынышкан. Акелер өз мезгилдеринин, даанышман кеменгерлери улуу демократтары болушкан десек түк да аша чаппайбыз. Акелер демократ деген бийик жардыкты тагууга татыктуу. Демократиянын мазмуну - эл бийлиги. "Аке" деген наам элдик инсанга эл берген урмат-сый, бийик даража...



Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ