Бул китепте Эштек бийдин бир баласы Шалтанын санжырасы камтылган.
Шалта, Солто бир тууган жана башка санжырачылардын айтканы боюнча Эштек бийдин 30га жакын баласы болгон экен.
Шалта атабыз болжолу 17-кылымдын башында жашаган. Канча кылым өтсө да Шалтанын тукумдары уланууда.
Ошондой эле Совет бийлиги убагында жана азыркы убакта Шалта элинен баатырлар, илимдин докторлору, акындар,
эл артисттери, жазуучулар, генералдар чыгып кыргыз элине кызмат кылып келе жатышат.
Биз ушул китепти жалпы санжырага кызыгуучуларга, өзгөчө азыркы жана келечектеги жаш муундарга арнайбыз.
Биздин тилек ата-тегин билишсе экен деген ой.
Ушул санжыра Кыргыз тарыхына салым кошот деп ишенебиз.
Бул санжырада баардыгы эле туура дегенден алысбыз, аны кийинки муундар тактап көрүшсүн.
Кыргыздардын санжырасы, тарыхы, эли, жери жөнүндө китептер, журналдар, макалалар
бул жакта.