М  А  З  М  У  Н  У
(Тексти окуш үчүн темаларды басыш керек)
  • Калмактардын сүрүлүшү.
    Кыргыздардын туулган жерге кайтып келиши

  • Каркырадагы той

  • Кыдык бабанын дүйнөдөн кайтышы

  • Бугу уруусунда жаңы уруктардын пайда болушу

  • Торгой баатыр. Суксур эне

  • Кутчулар

  • Беш бала

  • Кыпчактар

  • Чечейлер

  • Жедигерлер

  • Чабалдай

  • Кытайлар

  • Кошкулак Үрүстөм уулу

  • Эшимбек Байчубак уулу

  • Чериктер

  • Коңурат-календерлер

  • Таздар

  • Абылай хандын жортуулу.
    Байчоро Көкүм уулу

  • Боромбай султан

  • Жантай хан. Ормон хан

  • Кененсарынын жортуулуна каршы күрөш

  • Кокондук чептерди талкалоо

  • Бугу - сарбагыш согушу

  • Ыраман Кедеймат уулу

  • Бугу уруусунун Орусиянын букаралыгына өтүшү. Жуукудагы кыргын

  • Бугу - сарбагыш чабышынын бүтүшү

  • Балбайдын өлүмү

  • Самсаалы бий жана Канай баатыр

  • Бугулар орус бийлигинин тушунда. Чыныбай жана кыдыктар

  • Токсоба Абдыраман уулу

  • Кыдык жана белек урууларына карата кысымчылык. Боорсук бий

  • Абдыраман аба жана Атакан

  • Кыдыкты чогултуу үчүн болгон аракеттер

  • Кыдык уруусунун Тоңго көчүп келиши

  • Тоң болуштугун түзүү. Атакан болуш

  • Улуу Үркүн

  • ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
    Эл эсиндеги инсандар

  • Черикчи Жакшылык уулу

  • Абдыраман уулу Кедеймат уулу

  • Канай баатырдын арманы

  • Намазбек баатыр

  • Самсаалы Жалгап уулу

  • Түмөнбай болуш жана Бачики эже

  • Тайлак уулу тууралуу

  • Селим ата тукумдары

  • Орозон Кудайырбек уулу

  • Садык ажы жана анын уулу Нурдөөлөт (Өкөнбай) ажы тууралуу

  • Алматай ажы Кеней уулу

  • Осмон Казыбек уулу

  • Өз алдынча турган уруулар

  • Разык уулу Төлөндүн айткандары

  • СӨЗ АЯГЫ

  • СҮРӨТТӨР

  • Колдонулган адабияттар жана материалдар

  • К Ы Д Ы К Т А Р Д Ы Н       Г Е Н Е А Л О Г И Я Л Ы К      С А Н Ж Ы Р А С Ы
  • ЖАКШЫЛЫК УРУГУ
  • Кожомберди тукумдары
  • Азарбек тукумдары
  • Черикчи тукумдары
  • Жакшылык уругунун ичиндеги чериктер
  • Жакшылык уругунун ичиндеги календерлер
  • Жакшылык уругунун ичиндеги Таш-Дөбөлүк кутчулар

  • КУТУЛДУ-АЛДАКЕ УРУГУ
  • Мырзакул тукумдары
  • Мурадил тукумдары
  • Акжол (Жаманбай) тукумдары
  • Үмөт тукумдары

  • КУДАЙБАКТЫ УРУГУ
  • Алыке тукумдары
  • Темир тукумдары
  • Абышка тукумдары
  • Рай тукумдары

  • ЖАНЫБЕК УРУГУ
  • Жолумбек тукумдары
  • Ырайымкул тукумдары
  • Ырайымбек тукумдары

  • ТОРГОЙ УРУГУ
  • Түлөгул тукумдары
  • Торгой тукумдары
  • Чолпоке тукумдары
  • Ырыс тукумдары
  • Бейшебай тукумдары

  • КЫДЫК ичиндеги башка уруулардын өкүлдөрү
  • Беш бала
  • Кутчулар
  • Чечейлер
  • Таздар (Табылды уулу)
  • Кыпчактар
  • Кытайлар
  • Өз алдынча турган уруулар

    • Автордун бул эмгеги элдик тарыхка жана санжырага негизделип жазылды. Эл - журттун тарыхын,
      ата - бабалардын түпкү тегин жана жети атасын билүү ар бир кыргыз баласынын парзы болгондуктан,
      бул китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт жана алардын калың катмарына сунушталат.




                          УРМАТТУУ КАДЫРМАН КАЛАЙЫК, ЖЕРДЕШТЕРИМ!
                                                                                                                (Мазмунга)

      Биздин илгертен келе жаткан каада-салт, ооздон-оозго айтылып келе жаткан санжыра совет бийлигинин мезгилинде айттырылбай жана жаздырылбай кысым көрсөтүлгөн тарыхыбызды кагаз жүзүндө калтыруу, урпактарга окутуу биздин бир милдетибиз деп эсептээр элек. Азыркы өткөөл мезгилде санжыра билген карыялардын азайып баратышы, алардын оозунан угуп, жаздырып китеп кылып чыгарыш азыркы талапка ылайык, «Санжыра санаты менен улуу, кыргыз теги менен улуу» дегендей, бул сөз ар бир мен кыргыз деген атуулдун жүрөгүндө болушу абзел. Биздин бул долбоор Кыдык атабыздын илгертен келе жаткан ата-журттун, урпактардын жана ушул жерди жердеп келе жаткан элдердин, качан, кайсы мезгилде келип отурукташып, бир эл, бир журт болуп, кээ бир урууларга кыркташ болуп кошулуп кетиши, бир тууган болуп ынтымакта жашап, биримдикте «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», карыялардын сөзүн угуп, «айтылган сөз атылган ок» дегендей тарбиялап иш кылышкан.

      Ошондо биз бул китептин ичине ошол кездеги алты атанын урпактарын, башкача айтканда ирээти менен Куржун, Жаанбай, Жакшылык,Кутулду, Кудайбакты, Жаныбек жана башка жерлерден ооп келген уруулар – Кутчу, Жедигер, Черик, Кытай, Календер, Чечей, Сарыбагыш, Тынымсейит, Беш бала, Чабалдай, Кыпчак урууларынын баары биригип жашап келишкенин чагылдырабыз.

      Ал заманда башка элден келип отурукташып жашап калыш өтө оор болгон. Мына ошолордун кыскача санжырасын жазып калтырууну ылайык көрдүк. Азыркы мезгилдеги эң чоң көйгөй, бизге билинбегени менен илгерки ата-бабалардын «Жети атаңды таанып бил, жети атасын билбеген бай болсо да кул» деген. Бул жерде бул сөздүн түпкү маңызы элди бөлүп - жаруу эмес, себеби жети атасын билген жигит, жети атанын ичинен аял алган эмес. Аталары айткан экен «балам, жети атага чейин биздин туугандар болот, жакын кандаштар» деп коюшкан.

      Мына кеп ушунда, жакын кандаш туугандарды билбей, жети ата өткөрбөй туруп билбестик менен үйлөнүп алышып, азыркы мезгилде бала-бакыралардын майдаланып, алсыз, жаратылыштын ысык-суугуна туруксуз болуп, оорукчан болушу да ушундан окшобойбу. Буюрса адамдын ыйманын үйүрүп чакыра турган кез келди. Бул китеп элди биримдикке чакыруу, ынтымактуу болушуна эң чоң өбөлгө болоору шексиз. Биз ушул китепти жазуу үчүн материал топтоп элди кыдырганыбызда, бир да киши каршы сөз айтпай, колдоорун билдиришти. Муну угуп, демге-дем кошулуп, карыя аксакалдар бата берип сүйүнүшкөндөрү ого бетер бизди кубандырды.

      Эми, эл-журт бар дегендей, эл ичинен тың чыккан азаматтар бар экен, алар демөөрчүлүк көрсөтүштү, руханий байлыкты сактап калууга салым кошушту. Карыялар батасын беришти. Бул биз үчүн чоң сыймык болду. Бул китептин аты айтып тургандай эле «Кыдык –Ата-Журт туткасы» деген аталыш элде биримдикти, ынтымакты бекемдөөгө чоң жардам кылат деген үмүт, тилегим бар.

      Терең урматтоо, бир туугандык сезим менен демилгечи

      Сабыркул Айтбаев


                           ЭЛ САНЖЫРАСЫ ҮЧҮН ЭМГЕК КЫЛАБЫЗ                                                                                                           (Мазмунга)

      Мен Жер-Үй айылында төрөлүп, өстүм. Биз бала кезде айылда санжыра айткан аталар бир топ эле бар болчу. Кытан, Убалий, Маке, Урмамбет, Абийир, аларга куйрук улаш келаткан Ыбырай, Чалабай, Сансызбай, Асаналы, Кулменде, Турдумамбет чоң аталарыбыз бүгүн биз санжыра кылып айтып жүргөн окуяларга катышып, өз көздөрү менен көрүп, күбө болгон кишилер эле. Асаке, Төлөмүш деген чоң аталарыбыз диний жактан жакшы билими бар, маданияттуу чоң молдолордон болчу.

      Жогоруда ысымдары аталган чоң аталар эртели – кеч айыл ортосундагы дөңсөөдө узун сабак сөзгө киришип, көбүнесе санжыра жаатында кеп козгоп отурушар эле. Мен өңдөнгөн боз баш балдар көчөдө ойноп жүрүп, кээ бир учурларда чоң аталар отурган жерге келип, алардын кебине кулак төшөп калаар элек. Айылдагы той – топур аларсыз өтчү эмес, бул жерлерде да санжыра айтылып, улуу – кичүү дебей угуп отурушаар эле. Мындай көрүнүш тээ, кечээки 60 – жылдарда айыл жашоосундагы өзүнчө өзгөчөлүктөрдүн бири болчу. Анда, элдин мүнөзү да, пейили да башкача, токтоо, сабырдуу, күйүмдүү, барга жокко кейибеген ток пейил эле.

      Мезгил өтүп, бул агым өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт экен. Табият мыйзамына баш ийип, чоң аталарыбыз биринин артына бири акка моюн сунуп кете беришти

      Жашоо өмүр ыргагы менен кошо жүрүп, биз да эр жеттик, үйлүү – жайлуу, бала – бакыралуу болдук. 70 - 80 – жылдарда чоң аталарыбыздын ордун Өмүркан, Сооронбай, Жумалы, Кутман, Ургазы, Абурун, Жума, Турганбай аталарыбыз ээлеп, санжыранын учугун улап кетишпедиби. Бүгүн алардын да көзү жок, алар айткан кеп айрым улуулардын оозунда Кайран кишилер, ал антип айтчу эле, бул минтип айтчу эле деп анда – санда эле айтылып коюп жүрөт. Эми мезгили келип, булар да өтүп кетсе, санжыргалуу санжыраны ким айтат да, аны ким угат. Бүгүн ушул суроо мээни ачытып, жүрөктү өйүтүп, азыркы жана келечектеги муундардын эртеңки тагдырына доо кетире турган болуп калды. Ошондуктан жаштарыбызга ата-бабанын тарыхын, санжырасын айтып жана жазып берип, аны колдон келишинче түшүндүрүп, чечмелеп беришибиз зарыл болуп турат. Бир кезде балалык баёо сезим менен чоң аталарыбыздын айткан кептерин тыңшап отурган биз, бүгүн 70ти таяп, карылыктын дооруна келип калдык. Билгенибизди балдарга айтып, кагазга жазып, ата-баба санжырасын мурас калтыруу жоопкерчилигин моюнга алып отурабыз. Бул бүгүнкү мен курактуу карылардын милдети болууга тийиш.

      Мына ушундай жан-дүйнөнү түйшөлткөн ойлордон кийин ата-бабанын санжырасын эл оозунан чогултуп, китеп кылып чыгарсакпы деген ишке бел байладык. Бул жагынан алганда ачыгын эле айтуу керек, Амантурдун, Сабыркул, Талгар жана Максат ажы инилеримдин ой-мүдөөлөрүбүз төп келип, Кыдык бабабыздын урпактарынын санжырасын жыйнап, чогулталы деп чечтик. Ошондон тартып эле мага эмнегедир көп ойлор келчү болду. Бала-бакыраларыбыз ата-тегин, эл-журттун тарыхын, кыргыз элине тиешелүү каада-салттарды, нарк-насилди билбегендиктен, жаштарыбыздын адеп-ахлактык жүрүм-туруму бузулуп баратат. Эл арасында жети ата өтпөй улан-кыздардын үйлөнүп жатышы, бир туугандардын ортосундагы мамилелердин начарлап, бири-бирине кас болгон учурлары көбөйүп баратышы, таш боордук менен кайдыгерликтин көрүнүштөрү, ал тургай уят-сыйыттан кеткен учурлардын пайда болушу сыяктуу кыргыз элине жат жорук-жосундар элим деп, эл үчүн ойлонгондордун жан дүйнөсүн жабыркатып жатат. Мен дагы ошолордун биримин.

      Элибизде «Иниң тың чыкса ага кылып ал, жетимди көрсөң бала кылып ал» деген макал бар эмеспи. Айтбаев Сабыркул инимдин Кыдыктын санжырасын чогултуу демилгеси менин жан-дүйнөмө жагып, көңүлүмө төп келип, колуна кол, бутуна бут болуп, өйдө болсо өбөк, ылдый болсо жөлөк болуп, колумдан келишинче ага жардам берүүгө туура келди.

      Сабыркул Айтбаев иним буга чейин эле элдин тарыхы менен санжырасына кызыгып жүргөн жигит. 2017-жылы Тоң аймагындагы белгилүү инсан Атакан болуштун эстелигин орнотууда уюштуруучулук иштерине жигердүү катышып, өзү да демөөрчүлөрдүн арасынан бараандуу каржылык жардам көрсөткөндүгү менен элге белгилүү болгон.

      Барыктабасов Талгар иним кыдык ичиндеги уруктардын санжырасын чогултуп, анын генелогиялык схемасын түзүп чыкты.

      Асанбек уулу Максат ажы иним учурдагы жаштардын арасында алдына адам салдырбаган санжыра иликтөөчүлөрдүн көрүнүктүүсү.

      Китептин автору Тентиев Амантурга колдон келген жардамын аябаган бардык кыдык туугандарыма чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды билдирем, элдин батасын алып, аман-эсен жүрүшсүн.

      Кубат Алыбеков,
      эмгек ардагери, демилгечи топтун мүчөсү


                           МААЛЫМАТ ЧОГУЛТУУ ТҮЙШҮГҮ ҮЗҮРҮН БЕРДИ                                                                                                           (Мазмунга)

      Бала кезимден эле айыл аксакалдары сүйлөшүп отурганда кызыгып угуп калаар элем. Аталардын сүйлөшкөн сөздөрү кызыктуу болуп, мени өзүнө тартып турчу. Кандай ишим болсо да таштап коюп укчумун. Алар: Тойчубеков Жума, Телтаев Качаган, Чапаев Ысак, Кулов Чалагыз, Төлөмүшөв Абдырахман, өзүмдүн чоң атам Канаев Барыктабас эле. Бул аталар 80 жаштан 100 жашка чейин өмүр жолун улап, көздөрү өтүп кетти.

      Андан кийинки муундагы аталар билгендерин кагаз бетине түшүрүп, схемасын жазып жүрүшкөн. Бексултанов Саруу, Осмонов Тынай, Омоев Турсунбек аталардын айткандарын да тыңшап жүрүп, санжырага кызыгып кеттим. Анча-мынча уккандарымды кагазга түшүрүүмө түрткү болушту. Алыбеков Кубат байке экөөбүз санжыра иликтеп, элден уккандарыбызды айтып, такталбаган маалыматтарды эл ичинен билгендерден сурап, тактап койчубуз.

      Арадан күндөр өтүп, Кубат байкем экөөбүз Кыдык атанын Жаанбай уруусун тактап жаза баштадык. Бир күнү Айтбаев Сабыркул (Заку) байке келип, Кыдык атабыздын укум-тукумдарынын санжырасын чогултуп китеп чыгаралы деген сунушун айтты. Мен дароо макул болдум. Ошентип санжыра жыйноочулардын чакан тобу түзүлдү. Алар демилгечи жана уюштуруучу Айтбаев Сабыркул, Барыктабасов Талгар, санжыраны чогултуучу Алыбеков Кубат, санжыра иликтөөчү Асанбек уулу Максат ажы, санжыра иликтөөчү, тарыхчы, “Кыдык ата – Журт туткасы” китебинин автору Амантур Тентиев. Колуңуздардагы китеп мына ушул беш кишинин эмгегинен жаралды десем жаңылбайм.

      Айтбаев Сабыркул (Заку) байке жөнүндө бир аз маалымат берейин. 2016-жылы Атакан атанын эстелигин тургузуу боюнча Оңуров Сабыр байке экөө элге кайрылышкан. 2017-жылы апрель айында Жаанбай уруусунун түлөөсүндө элдин колдоосу менен Бектиян уулу Атакан атанын айкелин тургузууга макулдашылды. Эстелик бүткөн күндөн баштап Кыдык уруусу тууралу китеп чыгарууга бел байлап, айылдарды аралап, үймө-үй кыдырып, санжыра чогултуу түйшүгү башталган.

      Элдин элегинен өтүү өтө оор. Себеби, бири билип сүйлөйт, бирөө чала угуп айтат, андай эмес деген кептер болот. Айрым тургундардын атасынын жазып жүргөн кол жазмаларын бербей койгондору абдан өкүнүчтүү болду. Колго тийген кол жазмалар толук эмес, айрым барактары жок болуп чыкты.

      Атактуу аталардын, баатырлардын, бийлердин сөөктөрү жаткан жерлерди издеп, сүрөткө тартканы келгенде көбүнчөсү табылбай калды, билгендердин көздөрү өтүп кеткен. Эң негизгиси элдин ынтымакта болушу, санжыранын такталып калышы болду.

      Бул китептин автору Тентиев Амантур байкенин эмгеги аябагандай зор болду. Бул китеп муундан-муунга өтүп, урпактардын керегине жарайт деп ишенебиз. Жазылбай калгандар болсо элден кечирим сурайбыз.

      Жашаган өтөт, жазылган калат.

      Талгар Барыктабасов


                          БИРИНЧИ БӨЛҮМ. Кыдык ата – Журт туткасы                                                                                                           (Мазмунга)
                          КИРИШҮҮ                                                                                                           (Мазмунга)

      Жер-аалам жаралгандан бери жер бетинде эмне деген гана өзгөрүүлөр болбоду. Зилзалалар, суу, муз каптоолор, булкунуп атылган жанар тоолор… Түздүктөр коолорго, коолор адыр, тоолорго айланып, нечендеген көлдөр пайда болуп, кайра соолуп турду. Миң түрдүү сандагы өсүмдүктөр, дагы эле ошондой эң кичинекей көзгө көрүнбөгөнүнөн тартып эң чоң гиганттык көлөмдөгү жаныбарларга чейин бирде жаралып, бирде жок болуп келди.

      Бардык жан-жаныбар, макулуктардан айырмалап, адамды жаратып жатып, ага акыл-эс берген экен, кудайым. Бул болсо ушул кең дүйнө бардык керемети менен сеники, анын бардык жыргалы менен кууралын акыл-эстүүлүк менен салмактап жаша, укум-тукумуңду көбөйтүп, ушул дүйнөнүн кооздугу менен байлыгын сактап, аны урпактарыңа энчилеп мурас кыл деп Улуу Жараткан адамзатка тартуулаган окшобойбу.

      Бирок, адамзат Теңирдин ушундай эч нерсе менен бааланбай турган ченемсиз тартуусуна кандай мамиле жасап келди, аны адамзат коомунун сансыз кылымдардан бери баштан кечирип келген көөнө тарыхы таразалап,тастыктап ага так жана калыс баасын берип келет. Ошол миңдеген жылдарды карыткан адамзат коомунун улуу көчүндө кыргыз баласы да жаралып, ушул көч үстүндө бирде чайкалып, бирде чайпалып жүрүп өстү, өөрчүдү, калыптанды. Тарыхтын көчү жеңил болгон эмес, татаал болгон. Кыргыз көчү тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, нечен дабандарды ашып, нечен мезгилдерди карытты. Бирде толуп, бирде бөксөрдү, бирде кубанып, бирде кайгырды, бирде күркүрөсө, бирде мүңкүрөдү. Бул улуу көчтүн оош-кыйыштуу жүрүшүндө эл нечендеген кыйын кырдаалдарга, опурталдуу окуяларга туш келди. Ошонун барын жеңип отуруп, эл тарыхы жаралды. Окумуштуулар бул тарыхты изилдеп, отурушуп, ар бир доордун, мезгилдин, өнүгүү деңгээлине, өзгөчөлүктөрүнө жараша байыркы тарых, ортоңку тарых, жаңы тарых жана соңку тарых деп бөлүп карашат. Тарых—бул илим.

      Демек, окумуштуу-илимпоздордун изилдөөлөрү, талыкпаган мээнети менен түзүлөт бул тарых. Археология, антропология, этнография, лингвистика, Нумизматика, археография сыяктуу көмөкчү илимдердин табылгалары аркылуу коомдун саясий-экономикалык, социалдык-маданий мыйзам ченемдүүлүктөрүн терең анализдеп, изилдөөлөр менен жаралат илимий тарых.

      Байыртадан кыргыз баласы жети атасын так билип, тегин, түбүн сүрүштүрүп келген. Ошондон улам «Жети атасын билбеген жетесиз кул» деген түшүнүк ар бир кыргыз баласынын көкүрөгүндө уюп турган. Кылымдар бою эл ичинен чыккан куйма кулак, кызыл тил санжырачылар кыргыздардын келип чыгышын, кыргыз урууларынын таралышын түпкү ата-бабасынан бери укум-тукумдарына чейин саймедиреп айтып келишип, санжыргалуу санжыра бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Окумуштуу тарыхчылар санжыраны кыргыз урууларынын генологиясы жана хронологиясы тууралу маанилүү булак катары эле карабастан, улуттук рухий байлык деп эсептешип. аны ар тараптан талдап чыгышып, терең анализдеп туруп, илимий жактан кайра-кайра электен өткөрүп келип, бир катар баалуу илимий эмгектерди жаратышкан.

      Санжыраны айтканда же, жазганда сөзсүз санжыра менен элдик тарыхтын өз ара байланышын мүмкүн болушунча пайдалана билүү керек. Бул абдан зарыл нерсе.

      Санжырада адатта, уруктардын, уруулардын жана элдин келип чыгышы, айрым белгилүү инсандар, алардын кылган эмгеги, эрдиктери тууралуу оозеки маалыматтар берилсе, элдик тарыхта жазылбаган жана илимий жактан изилденбеген, бирок эл арасында оозеки түрдө кеңири айтылып жүргөн тарыхый окуялар, алардын мезгили, тарыхый инсандар (журт башчылары, баатырлар, даанышман-ойчулдар, олуялар, жайчылар, өнөрпоздор ж.б.) тууралу баяндалат.

      Демек, санжыра менен элдик тарых бирге каралып айтылса, же жазылса, ошондо гана тарыхый чындык жаралат.

      Санжыра айтуу бардык эле адамдардын колунан келе бербейт. Аны да билген, көкүрөгү тунук, куйма кулак, сөздүн барк-баасын баалап, жеткиликтүү кылып айтууга жөндөмдүү болгон адам гана айта алат. Санжыра адамдар ортосундагы бир туугандык милдетти сезе билүү, уруулар менен элдин ынтымагын, биримдигин сактоо, баш коштуруу жана кыргыз эли үчүн, Ата журт үчүн сыймыктануу, сезимин калыптандыруу үчүн кызмат кылат.

      Мына ошондуктан, кыргыз элинде санжыра айтуу кылымдардан кылымга, муундан муунга уланып келе жаткан жакшы салт катары сакталып келе жатат.

      Кыргыз менен үзөнгү кагыштырып келген бир катар көчмөн элдердин көбү мезгилдер менен тарыхтын катаал сыноолоруна туруштук бералбай жок болуп кетишти. Так ушул санжыра, түпкү ата-тегин билүү, «жети ата» түшүнүгүнүн таза жана ыйык сакталышы, курсакта кеткен баланы издеп таап келүү, жетим жесирдин болушуна жол бербеген тууган ичиндеги каада-салттын бекем колдонулушу сыяктуу өбөлгөлөр кыргыздын эл катары сакталып калышына шарт түзгөн.

      Тарых илиминде «адамдардын жалпылыгынын тарыхый формалары» деген аныктама бар. Алар: урук, уруу, эл жана улут түшүнүктөрү.

      Ал эми, санжырачылар болсо, бир атадан тарагандардан («баланча ата уулу» деп аталгандардан) тартып, урук, уруу анан элге чейин алып келип токтошот. Мында «улут» деген түшүнүк жок. Улуттун өзү деле капиталисттик коомдук мамилелер үстөмдүк кылып келген мезгилде калыптанган. Ал эми, кыргыз коомунда улут социализм мезгилинде пайда болгондугу баарына маалым. Мына ошондуктан, чоң аталарыбыз бизден «Кайсы ата уулунун тукумусуң? -деп сурап келип, “уругуң Жаанбай же, Торгой ж.б., урууң Кыдык, элиң Бугу”- деп үйрөтүшчү. Мында көрүнүп тургандай улутуң кыргыз деп айтышкан эмес. Бүгүн болсо эгемендүү кыргыз эли ата-бабалардан бери келаткан кырк уруунун биримдигинен куралган деп сыймыктануу менен айтып жүрөбүз. Бекеринен өлкөбүздүн мамлекеттик туусунда түндүктүн айланасында күндүн кырк нуру чачырап турбаса керек.

      Бугу уруусу ошол кырк уруу кыргыз ичиндеги уруулардын эң байыркыларынын бири. Уруунун Бугу деп аталышы тотемизм мезгилинде бул урууну түзгөндөр пир (тотем) туткан жаныбардын аты менен байланыштуу деп божомолдошот. Тарыхтын оош-кыйыш кыйынчылык мезгилдеринде бугулар бирде чогулуп, бирде чачылып, бирде көбөйүп, бирде азайып жүрүп отуруп, Чыңгыз хандын тушунда анын бийлигине баш ийип, анын түмөн колу менен кошо Теңир-Тоого, Ысык-Көлгө келген. Алар бул жерде монгол жана түрк уруулары менен жамаатташ жашап турушкан. Жылдар өтүү менен бул уруулар менен бугулардын ортосунда ар кандай кырдаалдарда уруулар ортосундагы куралдуу кагылыштарда туткун, олжо алуу, кыз алып, кыз берип куда-сөөк күтүү, айрым уруулардын өкүлдөрүн өзүнө кошуп алуу жана башка себептер менен аралашып кетүү процесстери жүргөн. Бул болсо Бугу уруусунун курамында жаңы уруктардын келип чыгышы менен коштолгон.

      Бугу уруусунун таралышын санжырада айтылган Ала-Мышык тоосунан Асан мырза менен Кара мырзанын кайберендин кызын таап келиши жана анын башында мүйүзү болгондуктан, ал кийин “Мүйүздүү эне” деп аталып, көлдүк бугулар ошол энеден тараган деген уламышка такап айтылышы тап-такыр туура эмес. Эгерде, илимде кабыл алынган муундар ортосундагы жашты аныктоонун этнографиялык эрежеси менен эсептесек, Асан мырза менен Кара мырзанын доору XVI кылымдын экинчи жарымына ылайык келет. Демек, Бугу уруусунун жаралган мезгилине бул такыр эле караандабай калат. Уруунун Бугу аталып калышы “Мүйүздүү эне” мезгилинен эмес анын байыркы доордогу тотемдик аталышынан башталат десек туура болот.

      Санжырада бугуларды Орозбактынын уулу Арык мырза, бир туугандары Мырзакул, Асан,Кара жана Токоч мырзалардын коштоосунда Ысык-Көлгө алып келгендиги айтылат. “Мүйүздүү эне” жөнүндөгү уламыш да ушул учурга туура келет. Мына ошондуктан, бул мезгилди “Бугу уруусунун кайра жаралуу мезгилинин башталышы” деп эсептесек туура болот. Анткени, биз мурдатан белгилегендей, ар кайсы доорлордо уруктар биригип, урууга айланса, кайсы бир доордо тескерисинче уруу чачырап уруктарга бөлүнүп турган. Уруулар кайра түзүлүп, мындай процесс мезгил-мезгили менен болуп келген. Бул процесс бир гана көчмөн урууларга тиешелүү процесс.

      Арык мырза баштаган бугулардын көлгө келиши менен бүгүнкү Бугу уруусунун аймакка туруктуу жайгашуусу калыптанып, анын уруктун курамы түзүлө баштаган. Арык мырзанын Балтатыр, Жоотатыр деген балдарынан тарагандар Арык тукумун түзүп, Мырзакул мырзанын Алсейит жана Тынымсейит деген уулдарынын тукумдары өз-өзүнчө уруктарды түзгөн. XIX кылымдын орто ченинде Бугу уруусуна келген казак окумуштуусу Ч.Валиханов бугулар үч уруктан – Арык тукуму, Алсейит жана Тынымсейиттен турарын жазып калтырган. Кийин жылдардын алмашуусу менен булардын ичиндеги “ата уулдары” деп аталгандар өзүнчө уруктарга айланган. Мисалы: Алсейиттин тукумдары—Бапа, Кыдык, Желдең, Белек, Итбок, Бооке сыяктуу уруктардан турган. Булардын ар бири өз ичинен майда “ата уулдарга” бөлүнгөн. Мисалы, Итбоктон Мамбет уулу, Боокеден Такабай уулу жана башкалар.

      Тарыхчы-этнографтар белгилегендей “урук” деген түшүнүк бир атадан тараган жана өздөрүн ошол адамдын ысымы менен атаган адамдардын жалпылыгы болуп эсептелет. Уруу ичиндеги уруктардын түзүлүшү жана калыптанышы феодалдык мамилелер үстөмдүк кылып турган доордо патриархалдык уруулук белгилердин өтө күчтүү таасири астында жүргөн. Ошол замандарга ылайык көчмөндүү турмуштун өтө оор жагдайлары жылдын төрт мезгилине жараша көчүп-конуп жүрүү, жайыт же аймак талашып куралдуу кагылышуулар, ар кандай табигый кырсыктар, жугуштуу оорулар, жашоо-тиричиликте кездешүүчү ар түрдүү кокустуктардын болуп турушу ар бир кыргыз баласын өзүнүн белгилүү бир урууга же урукка таандык экендигин керт башы, жон териси менен сезип, аңдап билүүсүнө аргасыз кылган. Ошондуктан, жети атасына чейин өзүнүн тууган-туушкандарын билип, алыскы жана жакынкы туугандары менен үзгүлтүксүз байланыш түзүп, мамилелеш болуп туруу зарыл эле. Ар бир кыргыз баласы мындай туугандык байланышты сактап, аны андан ары бекемдөөгө, эгер мындай байланыш үзүлүп калган болсо аны кайрадан жандандырууга аракеттенген.

      Бул үчүн жок дегенде эле өзүнүн үй-бүлөлүк-туугандык тобунун же болбосо бир атанын балдарынын андан ары жакынкы же алыскы туугандардын тегин, генеологиясын билүү зарыл болгон. Мында тууган ичинде кадыр-баркы чоң, колунда бар мартабалуу, көптү билген, турмуштук зор тажрыйбага ээ, калыс жана адилет адамдын болушу абданг маанилүү эле. Мындай адам коңшу урууларга эле эмес, алыскы жактагыларга да таасир этип турушу керек эле. Мындай адамга уруулаш туугандары көп даражада баш ийип, анын айткан-дегени менен болуп, аны өздөрүнө башчы кылып алышкан. Кийинчерээк, жылдар өтүп, муундар алмашкандан кийин уруктун аты да ошол адамдын ысымы менен аталып калган.

      Көпчүлүк учурларда уруу же урук айрым башкаруучулар тарабынан өзүнүн үстөмдүк абалын сактап туруу үчүн пайдаланылган. Мунун натыйжасында уруу жана урук саясий уюмдун маанисине ээ болуп, өзүнчө жайгашкан аймакты ээлеп, каада-салтына негизделген өзүнчө башкаруу түзүлүшү болгон.

      Кээ бир уруктар бир атадан таралган ага-инилердин тукумдарынан куралып, ошолордун ичинен эң таасирдүү бир адамдын ысымын алып жүрөт. Мисалы, бугу ичиндеги Желдең уруусу. Мында, Желдеңдин өзүнүн сегиз уулунун балдарынан тышкары бүтүндөй Туумакашканын тукумдары Желдең аталат.


                           ДОЛОН БИЙДЕН ТАРАГАНДАР                                                                                                           (Мазмунга)

      Санжырачылардын айтымында азыркы таманы жер басып турган батыш-чыгыш-түндүк-түштүк кыргыздарынын түпкү атасы – Долон бий. Мунаты уулу Долон бий кайсы бир замандарда Ала-Мышыктын тоосун жердеп калат. Кыпчактар менен болгон согуштардын биринде Айтуган деген кызды олжолоп келип, ага үйлөнөт. Айтугандын келбети келишкен, касиети артык, ай чырайлуу зайып экен.

      Күткөн жары Долон хан,
      акылы менен иш кылган,
      аялы анын Айтуган,
      айдай бети албырган.
      Адамдан артык жан экен,
      адеби менен иш кылган.

      Долон бий менен Айтуган көп жыл бала көрбөй жүрүшөт. Акыры Айтугандын боюна бүтөт. Муну билген Долон бий байбичесине суроо салат:

      - Эгер төрөсөң кимди төрөөр элең, энеси?

      - Эгиз уул төрөйм. үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, кыргыздын кыйырын түзөөр, сиздин Долон деген атыңызды түбөлүккө калтырар уулдарды төрөйм.

      Ошентип, Айтуган эне ай-күнүнө жетип, Ак уул менен Куу уулду төрөйт. Ак уулу оң эмчекти, Куу уул сол эмчекти ээмп, Ак уулу атасынын оң тизесине, Куу уул сол тизесине отуруп чоңоюшат. Эки бала алты жашар кезинде эликтин оң чүкөсүн талашып чырдаша кетишет. Ошондо Айтуган эне экөөнү алдына алып отуруп:

      - Балдарым, элибиздин саны жүзгө жетпеди,
      жүзгө жетсе да күзгө жетпеди.
      Курамадан журт кылдык,
      кул-кутандан эл кылдык.
      Ай. балдарым, балдарым,
      мен силерге капамын.
      Ак уулум ай, Ак уулум,
      ак калпакты кийгиздим.
      Кызылдан жорго мингиздим,
      алгач түшкөн эле деп,
      оң эмчегим эмиздим,
      Долондун уулу дегиздим.
      Куу уулум ай, Куу уулум,
      кара калпак кийгиздим.
      карадан жорго мингиздим.
      Удаа түшкөн эле деп,
      сол эмчегим эмиздим,
      Долондун уулу дегиздим.
      Чатагыңар бир чүкө,
      оң эмчегим эмизген,
      Ак уулум ал оң чүкө.
      Сол эмчегим эмизген,
      Куу уулум ал сол чүкө,

      -деп эки баласын жараштырат. Бул экөөнөн кийин дагы бир уул төрөп, Кызыл уул деген ат коюлат. Бул уулуна Долон бий кызылдан бөрк кийгизип, кызылдан жорго мингизип чоңойткон экен. Кийин Кызыл уул: - Оң да көзүм, сол да көзүм, оңго солго тең көзүм,--деп эки агасына калыстыгын билгизген экен. Долон бий кыргыз жерин үч уулуна тең бөлүп энчилеп берген экен.

      Ошентип, Ак уулдан кыргыздын оң канаты, Куу уулдан кыргыздын сол канаты, Кызыл уулдан ичкилик кыргыздар тараган деп айтылат.

      Ак уулдан – Адигине, Тагай жана Наалы эже. Тагай бийден—Богорстон, Койлон, Кылжыр, Карачоро, Саяк, Азык, Черик.

      Кылжырдан -- Орозбакты, Дөөлөс. Орозбактыдан беш уул—Арык мырза, Мырзакул мырза, Асан мырза. Кара мырза жана Токоч мырза.

      Мырзакулдан – Алсейит, Тынымсейит. Арык мырзадан кийин Алсейит бий көп жылдар бою жалпы бугуну башкарып турган экен. Алсейитти Орозбактынын тукумдарына жамаатташ болгон башка уруктардын өкүлдөрү да бий деп таанып, ага баш ийип турушкан. Алсейиттин биринчи аялы саруу Коңкайты бийдин эрке кызы Токтобек (Токтобийке деп да аталат) экен. Бий кызын Алсейитке бардык каада-салтты колдонуп, кыз кыңшылатып, күйөө күйөөлөтүп, той тойлотуп, ыр ырдатып, кошок коштуруп, себин камдатып, калыңын толук төлөтүп туруп узаткан. Бирок, Токтобек келин болуп келгени эрке-талтаңдыгын койбой, оюна келгенин бербей, төрөп алган баласы менен алган эрин карабай, жалаң ит багып, “иттин санын жүзгө жеткирем” деп, күчүктөрүн койнуна катып, шейшепке ороп, арча керебетке алып жатчу болуптур. Алсейит ушул аялынан Ардам деген балалуу болот.

      Алсейит бийдин экинчи аялы “Мүйүздүү эне”. Анын өзүнүн ысымы Баалы экен. Мүйүздүү эненин келиши жөнүндөгү баянды санжырачылар ар башка вариантта айтышат. Аларды жалпылап туруп, бир орток пикирди алдык. Бул боюнча, Асан мырза менен Кара мырза Ала-Мышыктын тоосунда аңчылык кылып жүрүшүп, үңкүргө кирип бараткан эки маралды көрүшөт. Үңкүрдөн бийикке карай созулуп түтүн чыгып жаткан экен. Кара мырза мылтыктын милтесине от коюп, үңкүрдүн ичин көздөй атып жибергенде, бараңдын “тарс” эткен үнүнө кошо адамдын ачуу чаңырган үнү угулат. Аңчылар үңкүргө келишсе, маралдын терисин кийип алган бир кыз, бир уланды көрүшөт. Улан окко учуп, жан бериптир. Кыз бир тууганын кучактап. боздоп жаткан экен. Алар уланды таш менен корумдап, кызды бир туугандардын ата аксакалы Арык мырзанын үйүнө алып келишет. Арык мырза кыздын чоо-жайын сураганда ал атасы кайберендердин олуясы, алардын дилин, тилин билген адам болгондугун, кайберендердин эсебин алып кыдырып жүргөндө калмактардын улуу чапкынына кабылып, ата-энеси каза болгонун айтып берет. Ошол олуянын бир уул, бир кызы ушул тоодо кыштап калышкан экен. Бул экөө эми жаз чыга кетели деп турушканда жогорудагы окуя болуптур.

      Арык мырза байбичеси экөө кызды бир көргөндө эле жактырып, асырап алышат. Баалы кыз чырайлуу да, ошого жараша акылдуу да, адамга керемет касиети менен таасир кыла билген бийкеч болуп жетилген экен. Бойго жеткен кыздын колун сурап, Арык мырзаныкына жуучу түшүп келген адамдардын саны көбөйө баштайт. Кызга суктанган башка уруулардын билермандары да Арык мырзанын эшигин тындырышпайт. Ошондо Арык мырзанын тынчы кетип, мындай акылы тунук кызды башкаларга ыраа көрбөй, инилеринин бирине алып берүүнү ойлойт.

      Арык мырза байбичеси экөө Баалынын башында билинээр билинбес мүйүзү бар экенин байкашып, эч кимге айтпай сыр кылып жүрүшкөн экен. Кыздын бекер эмес, касиеттүү экенин билип, Арык мырза аны башка жакка чыгаргысы келген эмес. Күндөрдүн биринде Баалыны жанына алып, ага акыл салып көрөт.

      - Балам, эшикти тындырбай жуучу келип, айланы кетирип жатканын өзүн билип турасың, өзүңдүн оюңду билгим келет, кандай оюң бар?

      - Ата катары көрүп сиздин ирегеңизге келгем. Ушул эшикке киргенден кийин ушул эшиктен теңир жалгаса деймин,-дейт. “Кеп атасы кулак, суу атасы булак” дегендей кепти угаар кишиге жеткире айткан Баалы кызга ыраазы болгон Арык мырза инилерин түгөл чакырып, кеңеш курат. Мырзакул мырза мындай дейт: --Уулум Алсейиттин аялы жөн чыгып калды. Жүз ит багып, эрин сөзгө калтырды. Бала буга абдан сынып жүрөт. Макул көрсөңүз мен келин кылып алайын.

      Чынында эле эл жайлоого көчкөндө Мырзакулдун айылында иттер кабышып, кайра келатканда деле ушул көрүнүш кайталанып, “Мырзакулдун көчүндөй ырылдап кабышпай тынч көчөлү” дешип туугандары жактырчу эмес экен.

      Мырзакулдун өтүнүчүнөн кийин Арык мырза атайын аттанып чыгып, инисинин айылына келет. Токтобек келини жайнаган иттерди тегеректетип алып, аларга ботко берип жаткан экен. Арсылдашып ботко талашкан иттердин арасында жүргөн аял чөмүч менен ит аяктарга ботко куюп, ит жалаган чөмүчүн кайра өзү жалап коюп, өз иши менен алек. Муну өз көзү менен көргөн Арык мырза “Чын эле айласыз турбайбы” деп аттын башын кайра бурат. Ошентип бир тууганы Мырзакул мырзанын уулу Алсейитке Баалы кызды нике кыйдырган экен. Баалы Алсейиттен үч шартты суранган экен Биринчиси, ар дайым ынтымактуу бололу, урушай, чатакташпай жашайлы. Турмуш миң кырдуу көп сырдуу, эркектик кылып башка-көзгө койгулап урба, сыйкырым качаар. Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас. Мен да сага кыял-жорук көрсөтпөөгө сөз бердим. Экинчиси, төшөктүн тазалыгын сактап, бөлөк-бөтөнгө тебелетпейли.Бала-бакыралуу болууну тилейли. Балдарыбызга жакшы тарбия берип, эл аралаталы. Калк кадырына жетип, эл баккан уулдарды өстүрөлү, балдарыбыз ыймандуу, ак пейилдүү болушсун. Үчүнчүсү, мен кичинемден ата-энемдин колунда тарбияландым. Улуу чабуулда ата-энем апаат болуп, иним экөөбүздү кайберендер баккан. Мен кыпчак Маматкул дегендин кызымын. Мен жуунуп жатканда денемди көрбөй. үйдөн чыгып кетиңиз. Денемде өзгөлүктөрүм бар. Бул мендеги купуя сыр, ал жагын билүүгө кызыкпаңыз. Жылдар өтүп, мезгил жетсе толук билип алаарсыз.

      Ошентип, Баалы Алсейитке байбиче болуп, Мүйүздүү эне аталган. Алсейиттин татыктуу зайыбы катары жалпы бугунун олуя энесине айланган. Алсейиттин Баалы энебизге үйлөнгөндөн кийин даражасы өскөн. Арык ата жалпы бугунун бийлигин Алсейитке берип, ал бугунун башкаруучусу болуп калган.

      Мүйүздүү эненин боюна бүткөндө ал кайберендерди сагынып, маралдын эмчек сүтүнө талгак болгон экен. Асанмырза менен Карамырза адаттагыдай эле ууга аттанып баратышканда, “Акелер марал же элик атып алышса, төшүн желини менен сөгүп мага ала келишсе,-деп абысынан айттырат экен. Баалынын Мырзакул мырзага келин болуп калышына ичи тарып жүргөн Карамырза, “Кечээ эле тоодон кармалып келген күң мага теңата болгонун кара”,- десе, Асанмырза, “Сен эмес, калың берип, каадалап алган жеңелерим да кайберендин төшүн жеген эмес”,- деп Баалынын өтүнүчүн четке кагып бастырып кетишет. Келин арданып ыйлап кала берет. Бул окуяны байкап калган Арык мырза эки инисинин жоругуна ачуусу келип, аттанып алып, мергенчи инилеринин артынан акмалап жүрүп отурат. Мергенчилер бир марал атып алышып, жаңыдан мууздап жатканда Арык мырза “шыраалга” деп үстүнөн чыгат. Инилери, “Болсун, болсун, келиңиз аба,- дешип тура калышат. Арык мырза кайберендин төшүн териси, желини менен кошо сөктүрүп алып, жакшылап ороп туруп бөктөрүнүп, үйүнө келип,--“Ме, муну тиги келиниңе алып барып бер да, чыгып кетимиш болуп, эмне кылаар экен байкап тур”,-деп табыштайт. Байбиче байкап турса Баалы маралдын төшүн керегеге керип жиберип. чөгөлөй калып эмчегин эме баштаган экен. Ошондо желинден боржоктоп сүт чыгып туруптур. Талгагы канган келин Арык акесине ыраазы болуп, ага сыртынан угуза бата берген экен:

      Акемдин айылы өнүгүп,
      тукуму миңдеп көбөйсүн.
      Эр уулу менен тең болуп,
      эрендери көп болсун.
      Жакшы чыкма тукумдун,
      касиети артылып,
      жазгы талдай бүрдөсүн.
      жайкалып өсүп гүлдөсүн.

      Анан алаканын тескери жайып туруп, Асанмырза менен Карамырзага каргыш айтып, тетири бата берген экен.

      Бир жерге башың кошулбай,
      чогулган жерде чыр чыксын.
      Айлыңар бирге кошулбай,
      ар кайсы жерге тентисин.

      Байбиче көргөн укканын төкпөй-чачпай Арык мырзага айтып келет. Мына ошондон кийин Арык мырза,--келиним адам баласынын эле эмес, кайыптан болгон кайберендин кызы экен го. Келинге акаарат келтирип, тил тийгизбегиле, Бул келин өзгөчө касиеттүү жан экен. Эрдин эле эмес, бүтүндөй элдин зоболосун көтөргөн, кудай таалам өзү жиберген кайыптан бүткөн акжолтой зайып турбайбы,-деп эл-журтуна табыштаган экен. Ошентип кийинчерээк Баалыны бүтүндөй Бугу эли касиеттүү мүйүздүү эне деп атап калышат.

      Мүйүздүү эненин ак батасы тийип, Арык мырзанын укум-тукуму өсүп-өнүп, калың журт кадырлаган мыктылары көп чыгып, бугу элинин ичинде зобололуу Арык тукуму аталып турат. Бүгүн да Арык тукуму болгон жерде “элдин сакалдуусу” деп сыйлап турушат.

      Муну го санжыра дейли, ал эми тарыхый булактарга кайрылсак, казактын ойчул агартуучу окумуштуусу Ч.Валиханов 1856-жылы май, июнь айларында Орусиянын аскердик-чалгындоо экспедициясынын курамында Ысык-Көл аймагында болуп, Арык тукумунун санын 2500 түтүн деп жазып көрсөтөт. (С.Аттокуров. Кыргыз санжырасы. Б.1995.114-б).

      Ал эми Мүйүздүү эненин каргышына калган Асанмырза менен Карамырзанын тукумдары чынында эле аз болуп калды. Советтик тарыхчы С.М.Абрамзон 1953-1954-жылдардагы изилдөөлөрдүн негизинде Асанмырзанын тукумдарынан Ак-Суудагы (ошол кездеги Пржевальск району) Жаңы-Арык айылында 30-40 түтүн үй-бүлө, ал эми Түп районундагы Токтоян айылында Карамырзанын тукумдарынан 30 га жакын үй-бүлө жашап турушканын белгилеген. (С.М.Абрамзон. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер Б., 1999-ж. 650-б.). алсейит үйүздүү энеден Жамангул, Бапа деген эки уулдуу болот.

      Алсейит бийдин мезгилинде кыргыз-калмак арасы анча тынч эмес эле. Мезгил-мезгили менен жунгардыктар Алсейит башкарган Орозбактынын тукумдарына кысымчылык көрсөтүп, кээ бирде күч колдонуп, жылкысын айдап кетип, алык-салык өндүрүп, кыскасы элди баш ийдирип турушкан. Жунгар башкаруучулары кыргызды кыңк эттирбей моюн сундуруу максатында ар кайсы уруу башчыларын 2-3 жылдык мөөнөткө тигил же бул калмак башкаруучуларынын ордосуна кызмат кылууга алып турушкан. Муну санжырада “ак үйлүүдө кызмат кылуу” деп коёт. Алсейитти да ак үйлүүгө аялы, эки баласы менен алып кетет. Калмак төрөсү Чок (Чокту) мүйүздүү байбиченин касиетин байкап, анын балдарынын эртеңки күнү мыкты тукум болуп чыгаарын алдын-ала сезип, Алсейиттин көзүн тазалап, аялын эки баласы менен өзүнө алууну чечет.

      Калмак Чокту төрөнүн кызы Чежимжан (айрым санжырачылар Сейдимжан деп да атап жүрүшөт) Мүйүздүү эне келгенден бери ага жакындап, аны менен сырдашып, жароокер мамиледе болуп жүргөн экен. Дайыма Мүйүздүү эненин жанында болуп, андан кыргыздын тилин, дилин үйрөнүп жүрүптүр. Ошол Чежимжан атасынын Алсейитти өлтүрүү тууралу арам ою бар экенин Мүйүздүү энеге айтып коёт. Ошондон кийин Алсейит ата жашыруун түрдө качууга даярдык көрүп, мыкты аттарды камдап коёт. Бир түнү ыгын келтирип, Алсейит үй-бүлөсүн алып качып чыгат. Алар менен кошо Чежимжан да келет экен. Ошондон тарта ал Мүйүздүү байбиченин жанында болуп, анын кызматын кылып, байбичени киринтип, анын суусун төгүмүш болуп, бети-колун, бутун жууп, артканын боюна куюп алчу экен. Мунун барын байкап жүргөн Мүйүздүү байбиче Чежимжанды ого бетер жакшы көрүп, аны колдон чыгарбай биротоло бүлө кылып алууну ойлой баштайт. Ошол арада казактын Телкозу деген баатыры Чежимжандын колун сурап жуучу жиберип калган экен. Мүйүздүү байбиче-“Менин колума келгени Чежимжан карадан ак болду, Аны тезирээк нике кыйдырып аялдыкка алгын, мындан мыкты тукум чыгат”,--деп Алсейитти кыйнайт. Алсейит бий—“Чежимжан кызым болуп калды эле, кантип алмак элем”-деп макул болбойт. Ошондо айласы кеткен Мүйүздүү байбиче айылдын аксакал карыларын чакыртып, иштин чоо –жайын түшүндүрүп,--“Бүгүн бийге Чежимжанды алып берип нике кыйдырбасак, эртең кеч болуп калат, Телкозу баатыр бийдин кыйышпас досу. Калыңын айдатып келип Чежимжанды алып кетет. Биз эртең жакшы тукумдан куру калабыз”--деп нике кыйдырган экен. Короодон аксарыбашыл кой карматып мууздатып, бата кылдырыптыр. Ошентип, Мүйүздүү байбиче Чежимжанды сиңди катары көрүп, “Алсейиттин күнү катындары” дедирбестен ынтымактуу жашоо кечиришиптир. Алсейит бий Чежимжан энеден эркек бала көрүп, ысымын Туума деп коёт. Санжырада бул бала тайманбас, жалтанбас, эр жүрөк болгондуктан Туумакашка деп айтылат.

      Мүйүздүү эненин өз денинен Жамангул, Бапа деген уулдар болгон дебедикпи. Уулдары бой жеткенде Мүйүздүү байбиче,-“Жамангулга өзүң тандап туруп аял алып бер, мен Бапага аял алып берейин”,-дейт Алсейит бийге. Алсейит байбичеси айткандай Жамангулга Шагдар деген колукту алып берди. Акылгөй, өңдүү-түстүү, кандай учур болбосун акыл калчап иш кылган зайып экен. Шагдар ушундай сапаттары менен кайненеге жагыптыр. Уулуна колукту тандагандан жаңылган эмес экен деп Мүйүздүү байбиче ыраазы болуп жүргөн экен. Жамангул оюндагыдай зайыпка туш келгенине санаасы тынган эне күндөрдүн биринде Алсейиттен суранып үйдөн кетет да, бир жума жоголуп жүрүп, уулу Бапага Олуят деген кызды алып келип берген. Бул келинин Мүйүздүү эне өзүмдүн сиңдим деп айтчу экен.


                           КЫДЫК ЖАНА КЫДЫК УРУУСУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Эми Кыдык жана кыдык уруусу тууралу баянга келели. Тарыхчы-этнографтар бул жалпылыкты Бугу уруусунун курамындагы Кыдык уругу деп белгилешет. Ал эми санжырачылар болсо, Бугу элинин ичиндеги кыдык уруусу деп айтышат. Биз ушул санжырачылардын айтканы боюнча Кыдык уруусу деп кеп кылалы.

      Кыдык уруусу өз кезегинде Арык тукуму, Тынымсейит ичиндеги уруулар, Белек, Бапа жана Желдең уруулары менен биригип, бугу элин түзөт. Биз жогоруда белгилегендей уруктун аталышы бекеринен Кыдыкка байланыштуу болгон эмес. Санжырачылардын айтымында Кыдык бабабыздын керт башына таандык болгон мыкты сапаттары ал кишинин тууган ичинде эле эмес, жалпы эле замандаштарынын арасында да абройлуу адам болушуна шарт түзгөн экен. Кыдык бабабыздын өмүрү дээрлик кыргыз тарыхындагы калмак дооруна туш келет, анын балалык чагынан көзү өткөнгө чейинки узак мезгил (ал киши бир кылымга жакын өмүр сүрүп, 90 жаштын жоон ортосунан өтүп бары көз жумган экен) жалаң жашоо үчүн күрөш, калмактар тарабынан талоонго түшүп, чабылып-чачылган элдин оор ахыбалы, жетимчиликтин азабы, башка түшкөн балалыктан кийинки күндөрү, таман акы, маңдай тери менен чымырканып жүрүп, жакшы аттуу ата мурасын калыбына келтирүү, анан барып бир атадан таралган уруулаштардын журт атасы болгонго жетишүү, ушунун бардыгы дээрлик ат жалында жүрүп өткөн өмүр десек болот.

      Дайыма эртең, бүрсүгүнү капсалаң болуп кетеби, ойроттордун мал-мүлктөн алык-салыгы, сулуу кыздарды күчтөп зордуктаганы, балтыр эти толо элек жаш балдарды барымта деп кулдукка алып кетеби деген сыяктуу зордук-зомбулук аракеттерден элдин жүрөгү үшүп бүткөн эле. Мына ушундай капсалаңдуу заманда болжол менен XVII кылымдын 80-90-жылдарында Кыдык бабабыз жарык дүйнөгө келген экен.

      Алсейит бий менен Мүйүздүү эненин уулу Жамангул баатыр Кыдыктын атасы, энеси айтылуу Шагдар эне. Ата-бабасына калмактар тарабынан таңууланган капсалаңдуу доор Кыдыктын өмүрүндө көкөйдөн кеткис терең из калтырган.

      Санжырада калмактардын кезектеги чоң чабуулу башталганда ошол кездеги уруу башчысы Алсейит уулу Жамангул баатыр жигиттри менен жоонун алдын тосуп чыгат. Күч тең эмес эле, ойроттор эки-үч эсе көптүк кылып турган экен. Кызыл-Кыянын белинен башталган кармаш Сан-Ташка чейин созулуп, адам өлүгү жер жайнап, кан суудай агыптыр. Ушул кандуу кармашта Жамангулдун жигиттери шейит кетип, баатырдын өзү катуу жарадар болгон экен. Бапаны элди көчүрө бер деп айылга жиберип, Туума азганактай жигиттердин тобу менен алып калып, жоону алаксытып, Чаар-Кудуктун адырларына салып кутулуп кеткен экен.

      Жамангулдун айылы менен кошо жалпы бугу түрүлүп, теңи күңгөй, теңи тескей аркылуу батышты көздөй сүрүлдү. Бул бугулардын Ысык-Көлдөн экинчи жолу кетиши эле. Жамангул баатыр жаратымдан айыксам андан кийин ойроттор менен кармашам деген ой менен Кууганды-Төрдү ашып түшүп, өргүп калды. Бирок, күндөн-күнгө жараты күчөп, жөнүгө албай каза болгон экен. Сөөгү ошол жерге жашырылыптыр.

      Каза болоордун алдында иниси Туумага,--“Шагдардын боюнда бар эле, эркек төрөсө атын Белек койгун. Бөрү деген досум бар эле, ошол аман болсо издеп келээр, Белекти ошого табышта. Бөрү менен мамилелеш болсо жаман болбойт,--деп бек табыштаган экен.

      Жамангулдун эли жолдо дагы ойроттордун кол салууларына учурап отуруп, көп кыйынчылык менен түштүктөгү Кара-Кулжа аймагына келип туруп калышты. Бул жерде турган жылдары бугулар дагы ойроттордун бир нече жолку кол салууларын баштан кечиришти. Тынымсыз ат үстүндө болуп журт кыйырында жүрүп, төрт түлүктү сактап, айрыкча жылкынын четинде күзөттө туруу адаттагы иш болгон. Бул ар бир ат жалын тартып минген эркек аттуунун милдети эле.

      Жамангул баатыр менен Шагдар эненин Төрөкочкор, Итбок, Бооке, Кыдык жана Белек аттуу уулдары болгон. Белек атасы Жамангул баатыр жоо бетинде жүрүп курман болгондо эненин курсагында калып, эл Кара-Кулжага келгенде туулган экен. Ошондуктан эл ичинде “Курсакта калган куу Белек”, кийин жетилип эл башкарып калганда “Карында калган хан Белек” деген сөздөр калган. Жамангул баатырдын улуу баласы Төрөкочкор чарбакер, оокатка тың, чыйрык жигит болуптур. Мүнөзү ачык-айрым, сөздү өз орду менен таап сүйлөгөн, адамдарга жугумдуу Төрөкочкор бат эле элге алынып, жаштайынан эле кадыр-барк күткөн экен. Жамангул баатыр эл аралап жүрүп, казак ичинен Токто деген жакшынакай кызды жактырып, калыңын мол камдап, ата салты менен Төрөкочкорго алып берет. Токто жарык маанай, аруу жүздүү, ургаачынын сулуусу экен. Ал жөнүндө санжырада:

      Жоргону минсе ал минсин,
      торкону кийсе ал кийсин.
      Сулуулугу башкача,
      суктандырат тап-таза.
      Кийсе кийим жарашкан,
      тамшандырып адамды,
      таңкалтырып караткан,

      -деп айтылат. Андан ары ошол замандын жарчылары:

      Көргөндүн көзүн талдырган,
      турна моюн, бото көз.
      Ак маралдай келбеттүү,
      адамда жок мындай эч.
      Аккууну көр да көркүн көр,
      айды көр да өзүн көр.
      Бурала басып суу алса,
      мөл булактан өңүн көр.
      Айжамалдуу келбети,
      ааламда жок теңдеши,

      -деп ырга кошуп, сынга толтуруп сыпатташкан экен. Токто “кайненин камырынан” дегендей, Шагдар энеге жагып, ишмер, оокатка тың келин болот.

      Ошол доордун эрежеси боюнча ар кайсы уруу, уруктун балдарынын мыктылары тандалып, “ак үйлүүгө” кызмат кылууга алынып турган экен. Мына ушундай милдет Жамангул уулу Төрөкочкордун бешенесине да туш келип, ал келинчеги Токтону жанына алып, хан сарайына жөнөп кеткен экен.

      Арадан күндөр өтүп, тынч жаткан элге дагы калайман келет. Түндүк түшүп, кереге-уук талкаланып, айыл кыйрап талоонго түштү. Келин-кыздар, эр жигиттер туткундалды. Алардын арасында Бапа баатыр менен Белек да болгон. Ошондо Белек үч жашка чыгайын деп калган экен. Туума ал кезде тоодо жылкыда жүрүп, коогалаңдан аман калат. Төрөкочкор ак үйлүүдө кызматта болуп, Итбок менен Бооке чабылып, чачылган чарбасынын аяк-башын жыйнай албай көроокат менен алек болуп, Кыдык араң эле 5-6 жашка келиптир, туткунга кеткен Бапа менен Белекти издеп келгенге чарк-чамасы жетпей турган чак экен. Арадан жылдар өтүп кетиптир. Эл башына түшкөн кыйынчылыкка жаны кашайган Туума-“Бир тууган агамды мыкаачы калмактардын чеңгэлинде кыйноо тарттырып койсом жигитчилигим кайсы? Андан көрө тирүү жүрбөй эле өлгөнүм артык эмеспи”, - деп көп ойлонот. Бул оюн атасы Алсейитке билдирет. Бул кезде Алсейит баба карылыгы жетип, чөгүп калган учуру экен. –“Ой балам, калмак Бапаны жер түбүнө Көйкапка алып кетти да, Бапа менен Белекти кантип алып келесиң? Эр элин табат деген, аман болсо бир күнү келип калышаар. Ашуусу бийик бел, агыны катуу суу бар. Азуусун айга жаныган, айбалтасын белге байлаган жоо бар, барам дегениң балалыгың”--деп атасы Тууманын аракетине макул болбойт. –“Жок ата, өлсөм да барып аларды таап келем”,--деп Туума да оюнан кайтпай, болбой коёт.—“Болуптур анда, жай чилдеде ашуу ачылат, ошондо жолго чык”,--деп атасы жол ыңгайын божомолдоп айтып берет.

      Туума көп күн жол жүрүп, аты ыргайдай, өзү торгойдой болуп издеп жүрүп Бапаны Какшаалдагы тоо арасынан табат. Экөө ыйлап-сыктап, эзилишип көрүшкөндөн кийин, андан ары Белекти издеп чыгышып, аны Алайдан таап альышат да, элге кайтып келишет. Ошондо Белек 9 жашка чыгып, өспүрүм куракка келип калган экен. Мүнөзү ачык-айрым, шар сүйлөп, шыдыр жүргөн бала болуп чоңоюптур. Мына ушундайынан аны Бапанын байбичеси Олуят эне жакшы көрүп, өз балдарынан кем көрбөй мамиле кылгандыктан, Белек Бапанын үйүнө абдан үйүр болуп, анын балдары менен чогуу жүрчү экен.

      Кыдык болсо атасынан эрте ажырап, балалыгын кыйынчылык менен өткөрүп, энеси Шагдар байбиченин оорун колдон, жеңилин жерден алган боорукер, энесинин айта турган оюн кыла турган ишин айттырбай түшүнгөн, жөн билги, иштерман бала болуп чоңоюптур. Атасынын жогун жоктототпой, тышкы чарбачылыкты ойдогудай жайгаштырып жүргөндүктөн уулуна Шагдар байбиче өзгөчө ишеним артып, ар дайым майда-чүйдөсүнө чейин Кыдык менен кеңешип, аны дайыма бел тутуп, андан келечекте көптү үмүт кылчу экен. Кыдыкка энесинин токтоолугу, сабырдуулугу, калыстыгы, айыл ичинде эле эмес, сырткары жерлерде дагы нарк-насилдүү байбиче катары кадыр-баркы чоң тарбиялык таасир берген экен.

      Шагдар эне уулун кайнилери Бапа менен Туумага аткошчу кылып кошуп берип, ошонун аркасы менен Кыдык жер кыдырып, эл аралап жаштайынан эле Жамангул баатырдын уулу делип элге таанылган экен. Ал эми Төрөкочкордун андан аркы тагдыры жөнүндө санжырачылар ар кандай айтышат. Айрымдары Төрөкочкорду Анжыян тарапта мал-жандуу жашап, соода-сатык кылып жүргөндө анын аялынын сулуулугуна кызыгып жергиликтүү байбачалар өлтүрүп, Токто талашка түшүп калат деп айтылса, башка бирөөндө бай соодагер Төрөкочкорду Кашкарга конокко чакырып, сыйлап узаткандан кийин жолдон анын көзүн тазалап, Токтону кайра Кашкарга алып кеткен деп айтылса, көпчүлүк санжырачылар Төрөкочкорду ак үйлүүгө баргызышат. Ак үйлүүдө кызматта жүргөндө ордодогу байбачалар тарабынан өлтүрүлүп, Токтону хан байбачага бербестен өзүнчө үйгө бөлүп коёт деп айтылат. Санжырадагы ача пикирлерге карабастан Төрөкочкордун байбачалар тарабынан өлтүрүлгөндүгү, жесир Токтонун талашка түшкөндүгү чындык. Мындай абалга чыдай албаган Токто күйөөсүнүн киши колдуу болгонун, өзүнүн абалы кыйын экенин баяндап, бугуларга жашыруун кабар билдирүүгө үлгүрөт. Ошол кезде Токтонун боюнча Төрөкочкордон бала бар экен. Бул арада Токто аман-эсен эркек бала төрөп алып, Төрөкочкордун тукуму үзүлүп калбасын деп баланын коопсуздугун ойлоп, эч кимге көрсөтпөй куржунга салып багат.

      Тууманын уулу Акүчү баатыр Токтону кызыл эт баласы менен кандай элге алып келгени тууралу санжырада ар түрдүү варианттар менен өтө кеңири айтылат. Биз ошол варианттарды иргеп отуруп, орток вариантын баян кылалы.

      Ал кезде калмак чабуулунун кесепетинен кыргыздар түштүк батышка сүрүлүп, Көлөп, Ысар, Алай жана Фергананын аймактарында чачырап туруп калышкан экен. Санжыранын биринде Анжыян деп айтылса, биринде Кашкар, дагы биринде Кокон хандыгы деп берилет. Төрөкочкордун ак үйлүүгө кызмат кылышы Кашкар ордосунда болгон деп айтсак чындыкка жакын болот. Себеби, ал кезде Кокон жаңыдан эле Миң сулалесинин башчысы Шахрух бийдин (кыргыздар Шоорук дешкен) жетекчилиги менен Бухара эмирлигине көз каранды эмес чакан феодалдык ээлик түзүлүп, анчалык таасирге ээ боло элек болчу. Кийин гана дээрлик 90 жыл өткөндөн кийин башкача айткан да 1801- жылы хандык жарыяланган. Ал эми Кашкар хандыгы буга чейин эле күч алып келген. Демек, Төрөкочкор Кашкарда жүргөндө өлтүрүлгөн десек туура болот.

      Жамангулдун байбичеси Шагдар эненин өтө кайраттуу, сабырдуу зайып экендигин жогоруда белгилеп өттүк. Уулу Төрөкочкордун өлүмүн уккандан кийин кайгыга алдырып отуруп калбай, Бапа,Туума деген кайнилерин баш кылып, бугунун бир катар билермандарын чакыртып кеңеш курат. Билермандар Токтону алып келүү үчүн Акүчү баатырды Кашкарга жиберишет. Анткени, мындай алыскы жолго жана өтө тобокел кыйын ишке бир жараса Акүчү гана жарайт эле. Элдин батасын алып, узак жол жүрүп Акүчү Кашкарга келип жетет. Токтонун дайнын жашыруун издештирип, сурамжылап шаар кыдырат. Чайханаларда болуп, байбачалар менен чай ичишип, апийим чеккен учурлар болот. Бир күнү Акүчү баатыр чайханада эки байбачанын урушуп жатканын көрүп акырын байкоо салат. Урушуп жаткандардын бири экинчисине,--“Сен адам эмессиң, Төрөкочкорду аялына кызыгып өлтүрүп салбадың беле,-деп айтып жатканын угат. Акүчү шек алдырбай алар менен таанышып-“Төрөкочкордон ала албай жүргөн кегим бар эле, силер анын дайнын билесиңерби? Аны тапсам өлтүрөт элем”,-десе, байбачалардын бирөө,-“Аны мен өлтүргөм, ошондуктан анын акысын төлө”- дептир. Төрөкочкордун кайсы жерде өлгөндүгүн, сөөгү кайда экенин билиш үчүн байбачага- “Макул мен сага пул берем, бирок анын сөөгү кайда экенин өз көзүм менен көрбөсөм көксөөм суубайт, сен аны көрсөт”,--дейт. Байбача шаардын четиндеги бир коонун ичине ээрчитип келип, жар көчүрүп үстүн корумдап койгон жайды көрсөтүптүр.

      Ошондо Акүчү баатыр байкатпай туруп байбачаны талуу жерге уруп жыгып, муунтуп өлтүрөт экен. Акүчү айылдан ак чүпүрөккө түйүп ала келген топурагын салып, Төрөкочкорго куран окуган экен. Эки-үч күн тынымы жок издөөгө салып жүрүп акыры Токтонун дарегин таап, эл көзүнө көрүнбөй хан кайтартып койгон үйгө келет. Он чакты аскер үйүн кайтарып күзөттө экен. Эптеп бир амалын таап, күзөтчүлөрдүн бирине апийим берип, мас кылып Акүчү жеңеси Токто турган бөлмөгө кириптир. Экөө ыйлап-сыктап учурашат. Эми жашыруун качып кетиш керек болот. Токто жолго камыныпп, бирок бала жөнүндө айта албай турган кезде түркүктө илинип турган куржундан баланын ыйлаганы угулат. Мурда баладан кабары жок Акүчү “бул кайдагы бала” деп чочуп кетет. Токто кайнисине баланын чоо-жайын билдирет:

      - Бул куржунда бала бар,
      ал Төрөдөн калган бир туяк.
      Багып жүрдүм жашырып,
      өлүмгө муну ким кыят.
      Ал кашкардык сарт эмес,
      бугу Төрөкочкор тукуму.
      Ала кетсек жашырып,
      кызыл эт бала ушуну.
      Ээ кагылайын уулуке,
      куржундагы бул бала,
      төрөдөн калган бир туяк,
      жеңеңдин жашын ким тыят.
      Алып жүрдүм жашырып,
      ак куржунга батырып.
      Элден кабар ала албай,
      эч бир жакка бара албай.
      Бейбак болуп отурам,
      кара жанды кыя албай,
      анан кимге кол сунам.
      Ушул бала айынан,
      калктан кабар ала албай,
      кара бет болуп отурам.
      Арбын бугу элимди,
      көрбөй калсам арман деп.
      Төрөдөн калган туякты,
      аман-эсен алпарып,
      андан кийин өлсөм деп.
      касиеттүү элиме,
      аманатын тапшырып,
      өз жеримде өлсөм деп,
      күтүп жүрдүм уулуке,

      - деп ичиндеги арманын айтып буркурап ыйлап турат.Акүчү куржундагы баланы колуна алып анын жышаналуу экенин көрөт. Төрөкочкордун жаагында бармак басым калы бар эле, дал ошондой кал бул балада да бар экен. Акүчүнүн жарпы жазылып, Төрөкочкордон бала калганына ыраазы болот. Наристени таштап кетүүгө кыйбай, узак жолдо аны мерт кылып алуудан чочулап, Токтону сооротуп кайрат айтып, Акүчү мындай дептир:

      - Кудай бизге бериптир,
      Төрөкочкор өлсө да,
      артында туяк калыптыр.
      Бул балага кайгырба,
      куржуну менен алалы,
      аман жетсе бул бала,
      атын Куржун коюп салалы.
      Туйгундан калган мураапы,
      болгун Токто ыраазы.
      Эл-журтка жетсек саламат,
      чоңоёр анда бала бат.
      Эсен болуп эр жетип,
      жүрсө болду саламат.
      Күндөп-түндөп жол жүрүп,
      элге эрте жетели.
      Арбагы бийик төрөнүн,
      өлгөнүн кабар этели.
      Сүйүнчүлөп баланы,
      тойго айлантып салалы,

      - деп куржундун бир көзүнө күлазыгын салып, бир көзүнө баланы ороо-чулгоосу менен салып, күлүк аттын канжыгасына куржунду артып качып чыгышкан экен. Узак жол жүрүп элге аман-эсен келишет. Шагдар байбиче уулунан калган жалгыз туякты алып келген келинине ыраазы болуп, куржунга салынып келди деп азан чакыртып балага Куржун деп ат койдуруп, жентек той өткөрөт. Шагдар эне баланы бешикке салып, аны өзүнүн жанына алып баккан экен.

      Төрөкочкор 20 жашында киши колдуу болуп, ошондо Токто 14кө караган кези экен. Салтка ылайык Токтого кара салып аза күттүрөт. Төрөкочкордуку деп үй тиктирип, аза белгиси кылып учуна кара чүпүрөк байлап бакан орнотуп койгон экен. Күн сайын эртең менен кечинде Токто күйөөсүн жоктоп кошок кошуп отурат:

      - Алтынды зергер эритет,
      адамды өлгөн кемитет.
      Асылым төрөм барында,
      ак элечек кийгемин.
      Кадырлуу төрөм барында,
      каз элечек кийгемин.
      Асылым төрөм өлгөндө,
      жалпы бугу чогулуп,
      жарабады көмгөнгө.
      Кара жанды кыя албай,
      батынбадым өлгөнгө.
      Аркадагы туягын,
      алып келдим элине.
      Султаным төрөм барында,
      суйсалып ойноп жүрчү элем.
      Сымбатым артык келинден,
      кара бет бейбак аталып,
      каламынбы эми мен,

      - деп Токто күн чыгарып, күн батырып өксөп аза күткөн экен. Кыргызда илгертен келаткан салт боюнча эри өлгөн жаш аялды күйөөсүнүн ашы-жытын берген соң, ага-туугандын ичинен эң жакындарынын бири ала турган. Андай болбогон учурда тең туугандын бирине баш байлап, нике кыйдырган. Андай да шарт болбосо, жесирдин башын ачып, ал тургай төркүнүнө кетүүгө укук беришкен.

      Итбоктун да, Боокенин да аялдары бар, оокаттарын кылып жүрүшөт. Ата-бабанын салтын ойлоп, анын үстүнө жакшынакай бүлөнү колдон чыгарбоону ниет кылып, Шагдар эне келини Токтону Кыдыкка алып бермек болду. Бул үчүн убакыт керек эле, келиндин башын байлап нике кыюу үчүн Кыдыктын балакат куракка келиши зарыл болчу. Шарыят боюнча мунсуз нике жүрбөйт эле. Демек, күтүш керек болгон. Ошентип күндөр өтүп, жыл айланып Төрөкочкордун ашы берилип, куран окутулуп. Токтонун карасы алынды. Ошол кезде Алсейит менен Тынымсейиттин тукумдары өйүз-бүйүз болуп жанаша жашап турушкан экен. Тынымсейит Мортуктун уулу Жаманак баатыр Токтого суктанып, кымызды шылтоолоп кетпей, Токтону алсам деген ниет менен жатып алат экен. Ал тургай Шагдар энеге кирип, өз оюн айтат экен.

      - Айланайын, сен деле жат эмессиң. Бирок, Жамангулдун тукумун түз улай турган балдары турбайбы, Токтону ошолорго ылайыктап жатабыз,--деп Шагдар эне сыпайы жубатып коюп жүрчү экен. Ошентип күндөр өтө берет. Жаманак оюнан кайтпай “Макулдук бербесе Токтону күч менен аламын” деп айылга сес көрсөтүп, жигиттерине желени кырктырып, кулундарды агыттырып жиберген экен. Жаманактын бул жоругунун аягы бир кесепетке алып келээрин сезип, Алсейиттин жакшылары эмне кылабыз деп айласы куруп турганда Шагдар эне, - мен кудагыйым менен кеңешейин,-деп Токтонун энесин алдырган экен. Эки кудагый кеңешип, ылайыктуусу эле Кыдык болуп турат деп бир бүтүмгө келишип, убакытты созбой Токтону чакыртышат. Анда Токто:

      - Энелер, менин да аргам түгөнүп турат. Элди кыйнабай уруксат кылсаңыздар Жаманакка эле кете берейин,-дептир.

      - “Эмне деп турасың балам,эки энең сенин эртеңки тагдырыңды ойлоп, сени Кыдыкка ыраа көрүп турабыз. Жамангулдун тукуму, Төрөкочкордун туягы Куржунду бир боор эмеспи, Кыдык май көтөн кылып асырап алат. Кыдык жаш болсо да намыскөй бала, аны басынтпайлы”-- деп Токтонун энеси кызына жүйөөлүү кебин айтты. Шагдар эне да кудагыйын колдоп,-“Төрөкочкордон калган туякты жалгыз кылба, анын эртеңкисин да ойло. Энеңди ала турган киши чыкпай тынымсейиттер алып кеткен деген кепке калат Куржун. Кыдыкты да, уулуңду да ойло. Кыдык жаш, айла барбы, куштап ал. Үйүң үстүңдө, казаның астыңда турат. Кыдык кудай буюрса Куржунга бир чети ага да, бир чети ата да болуп чоңойтот”-дептир.

      - Бул балдарды мен көтөрүп жүрүп чоңойтподум беле?

      - Сени биз Кашкардан жөн жеринен алдырып келдик беле. Ансыз да кайдагы бир сартка уулумдун төшөгүн булгаттың. Эми тиги тынымсейитке Жаманакты ээрчип кеткиң барбы? “Ак бата,кызыл кан” деген болот. Мүйүздүү эненин арбагы турат Төрөкочкордун жатындаш бир тууганы турганда кайда барат элең. Сени Итбок менен Боокеге ыраа көрбөй, Кыдыкка баш байлайлы дедик. Сени алса бир Кыдык алат, айыл башчысы кылып Кыдыкты эл аралатабыз.

      Кайненесинин бул айткандарына Токтонун муюп баратканын байкаган Шагдар эне ансайын үнүн өкүм чыгара сүйлөдү—“Эл билип, журт башкара турган адамдын зайыбы эринин атын чыгарып, зоболосун көтөрүп, турган жан болгону жакшы. Бүтүм ушул. Эгерде макул болбосоң, каргышымды айтып, тескери батамды берем. Төрт тарабың кыбыла, Жаманакка кошуп бүгүн эле кетирем. Мына ошондо өткөн жайдагы бир окуя Токтонун эсине түшүптүр. Анда бээ саан убагы экен, кулундардын бири желени ары-бери аттап, тынч турбай жатканда Шагдар эненин ачуусу келип, “Ээ талпагың ташка жайылгыр”-деп койгон экен. Бээлер саалып бүткүчө эле жылкы тээп жиберип баягы кулун өлүп калган экен.

      Ушул окуя эсине түшүп, анан да эл арасындагы Шагдар эне тууралу “Чекесинде мөөрү бар, тилинде сөөлү бар, касиеттүү киши” деп айтылган сөздү ойлогон Токто каненесинин кадырын сыйлап макул болгон экен. “Атан өлсө тайлак бар, кому жерде калбасын, ага өлсө ини бар, тону жерде калбасын” дегендей мурдатан келаткан салтка байланып никеси кыйылган экен. Шагдар эне келинине ыраазы болуп, -“Эки дүйнөдө кем болбо, тилеген тилегиңе жет. Алдыңды бала, артыңды мал бассын. Уулуң урумга, кызың кырымга жетсин. Мүйүздүү энем жар болсун”,--деп батасын берген экен.

      Шагдар эне атайын өргө көтөртүп, көшөгөнү тарттырып, жубайларды жаткырып, эртең менен түндүгүн тартпагыла,-деп буюрган экен. Эртеси күн шашке болуп калганда жигиттердин коштоосунда келаткан Жаманак өргөөнү көрүп-“Бул эмне, эмдигиче түндүгү тартылбаган үй?”-деп сурайт.

      - Ии, түндө тиги Төрөкочкордун жесирин Кыдык мырза алып, никеси кыйылды эле, катуу уктап калышкан го,--дешет акмалап тургандар. –Аттиң ай, бир күнгө кечигип калыптырмын,--деп Жаманак баатыр атынын башын бурган дешет. Шагдар байбиченин үйүнө түшүп, ачуусу менен жөөлөй кирип Жаманак,-“Бул эмне кылганыңыз? Тууганчылыктан кечип, өлбөгөн жерде калам”-деп камчысы менен көлдөлөңдү сабап кирген дейт.

      - Балам, сен деле бугунун тукумусуң, бир ачууңду мага бер. Жесирин албай калдым деп тууганчылыктан кечүү эр жигиттин иши эмес. Жамангулдун тукумун улагыбыз келди. Өзүң да желени кыркып осолдук кылдың. Жубан алмак белең, кыз эле ал. Өзүмдүн сиңдилеримдин бирин алып берем,-деп Шагдар эне Жаманакка ичик кийгизип, ачуусун баскан тура. Чын эле Шагдар байбиче Аян деген сулууну Жаманакка алып берип, ал андан Жаныбек, Тыныбек жана Болот деген уулдарды көрөт. Булардын тукумдары энесинин атын чакырып, Нарын бетинде жашап турушат.

      Кыдык ата менен Токто эне узак жылдар бирге өмүр кечиришти. Мезгилдин агымы менен кошо чыйралышты, далай кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарды жеңишти, далай ушак-айың кептерге тушугуп, баарын кулак сыртынан кетиришти. Күн сайын келечектен үмүт үзбөй, эртеңкинин камын бүгүн жеп, бири-бирин кадырлап ынтымактуу жашашты. Кыдыктын анча-мынчаны элес албаган көтөрүмдүүлүгү, оор-басырык калбаат мүнөзү, нечен кырдаалда кубаныч менен кайгыны тең салмактап, алардын жакшысы менен жаманынан ийги бүтүм чыгара билгени, өзгөнүкүнө өзүнүкүндөй мамиле кылган ичинин кенендиги, колу ачык берешендиги менен жоомарттыгы, ал эми байбичеси Токтонун сабырдуулугу, токтоолугу, ошол эле учурда чечкиндүүлүгү, шар жүргөн ачык-айрым кыял-жоругу, керек болсо жоктон бар кылган, барды жогорулаткан жайыл дасторкон, кең ейил зайып болгондугу экөөнүн эрди-катын катары ынтымактуу жашоосуна негиз болгон экен. Буга кошумча Кыдыктын да, Токтонун да буга чейин баштан өткөргөн кыйынчылыктарга жык толгон оор күндөрү, жоготуулар, кайгы-муңу экөөнүн турмушуна оң таасир этиптир. Жылдардын өтүшү менен Кыдыктын мал-жаны көбөйүп, чарбасы өсүп, байып кеткен экен. Кыдыктын айылынын карааны өсүп, мал-жаны менен Кара-Кулжанын суусу менен Ой-Талдын суусунун ортосундагы кеңир аймактарды жайлап туруптур.

      Кыдык атабыз эле эмес, жалпы эле Алсейит тукумдары башынан түбү түптүү болгондуктан чабылып-чачылганы жыйналып, бара-бара ирденип кетишкен экен. Эл-журтунун камын ойлогон Кыдык ага-инилери менен кеңешип туруп, мезгил-мезгили менен жакынкы аймактарда турган калмак төрөлөрүнө жылкы айдатып, алмак-салмак тартуу-тартмек жиберип турган. Ошол кездерде Ташкендин айланасындагы жерлерди Галдан Церен (кыргыздар Калдаң Серең дешкен) Талас менен Чаткалды Карабаш деген төрө, Чалдыбарды Бака- Байыр төрө башкарып турган экен. Мына ушул сыяктуу калмак төрөлөрүнүн көңүлүн алып, алар менен ыгын таап мамиле түзө билүү Кыдык үчүн оңойго турган эмес.

      Бул жерде окурмандын көңүлүн бир өзгөчө жагдайга бура кеткибиз келет. Бул кандай жагдай? Тарыхта да санжырада да илгертен эле элдин, уруунун башын бириктирип өз алдынчалыкты сактап, элге түз жол көрсөтүп калыс башкарган адамдар болгон. Алар бий деп аталып, аларды эл, уруу ак сакалдары аркылуу шайлап алган. Мисалы: Бугуларды Арык мырза, андан кийин Алсейит, андан кийин Жамангул баатыр, андан кийин анын уулу Белек бий деп уруулаштар тарабынан таанылып да, шайланып да башкарып келишкен. Элдик санжырада Белектин хан болгондугу да айтылат. Бул жерде биз байкагандай бийлердин катарында Кыдыктын ысымы учурабайт. Демек, ал эч качан бий болгон эмес. Жамангул баатыр катуу жаракат алып каза болгондон кийин анын эли, башкача айтканда бугулар бир топ жыл башчысы жок калышкан.

      Төрөкочкор өлүп, Итбок, Бооке жайсыз болуп, Кыдык, Белектер жаш бала болушуп, Жаманкулдун балдарынан эл башкарганга жарай тургандары убактылуу жок эле. Жамангулдун ага, инилеринин да чарк-чамасы болгон эмес. Демек, ар кимиси өз алдынча “өз азабын өзү тартып” тирлигин өткөрүп калышкан. Тынымсейит тукумдары болсо эки ортодо жесир талаштардан чыккан Жаманактын жоругунан кийин суук-селки мамилеге өтүп, тууган ичиндеги карым-катыш солгундай түшкөн эле. Бирок Кыдык үйлөнүп, мезгилдин өтүшү менен ал дагы жетилип, Жамангулдун балдарынын улуу-кичүүсүн баш коштуруп, анын өчкөн отун тутанта баштаган. Акырындык менен Кыдыктын тууган ичинде кадыр-баркы өсүп, аталаш тең туугандарга да сөзү өткөн, абройлуу, калыс адам катары да жалпы эле бугуга белгилүү боло баштаган. Ошентип бий деген даражага ээ болбосо да, Кыдык атабыз уруу ичиндеги ар кандай талаш-тартыш, чыр-чатак, аласа-береселерди билгичтик жана калыстык менен чечип берип турган экен.

      Кыдык атабыз агасы Төрөкочкордон калган жалгыз туяк Куржунга ага ордуна ага, ата ордуна ата болуп, эч нерседен кем кылбай багып чоңойтту. Тестиер кезинде эле Куржунга арнап, келишкен үй көтөртүп, үйүрү менен жылкы, короолотуп кой энчилептир. Куржунга деп атайын көздөтүп койгон төөлөрү да бар экен.

      Кыдык атабыз байбичеси Токто энеден үч уул көргөн экен. Жай капортосунан өтүп калган күндөрдүн биринде Кыдык атабыз бугулардын жоон топ жакшылары менен Алайдагы бир чоң ашта болуп, Туумакашка башчы болуп барган бугулар чоң байгелерге ээ болуп кайтып келе жатышкан экен. Токтонун ай-күнүнө жетип калган убактысын болжоп, Кыдык атабыз:- Эгер уул төрөсөң мен кайтып келчү жолду тосуп сүйүнчү айттыр,-деп табыштап кеткен экен. Токто эне уул төрөп, Кыдыка сүйүнчү айттырып, эки жигитти жол тостуруп коюптур. Ошондо үч күн бою жамгыр жаап, ак жаанга айланып туруптур. Өзү курдуу жаш жигиттердин курчоосунда келаткан Кыдык сүйүнчү кабарды угуп, эки жигитке эки жараган жылкы айтып, үйүнө кубанычтуу келип түшөт. Тун уулун Кыдык 14 жашында, Токто эне 17 жашында көргөн экен. Уул-келининин келечеги үчүн далай убайым тартып, ичинен сызып, тышынан күлүп жүргөн Шагдар байбиче түйшүктүү эмгегинин акыбети кайтканына жетине албай азан чакыртып, Кыдык менен Токто ушул тун уулуна жаандай таза болуп, жайылып өсөөр бекенбиз деген тилек менен Жаанбай деп ысым ыйгарышыптыр. Экинчи уулдуу болушканда элибиз аман-эсен болуп, жакшылык күндү кут кылса экен деп бул уулун Жакшылык деп аташыптыр.

      Кыдык атабыз менен Токто энебиз үчүнчү уулуна Кутулду деп ысым берип, эми баардык жамандыктан, кайгы-кападан кутулдук деп каниет кылып калышкан экен. Кыдык атабыз Токто энеден кийин Бапанын бир уулунун жесири Шабыркүлдү алган. Шабыркүл энебиз мойнунан шурусун, кулагынан сөйкөсүн түшүрбөгөн, чач мончок, чачпак, чолпусун шарактатып. чайпалып баскан киши экен. Анын мындай жүргөнүн жактырбаган абысындары Шылдыркүң деп атап алышыптыр. Кыдык атабыз ушул аялынан Кудайбакты деген уулун көргөн. Бул тууралуу санжырада мындай деп айтылат: Токто байбиче кичи энебизди күнүлөп, көп жактыра берчү эмес экен. Эл жайлоого көчүп жаткан мезгил экен. Үйлөр чечилип, жүк көлүктөргө жүктөлүп, Кыдыктын айылы жолго чыгууга даяр болгон кезде Токто энебиз:- шылдыраган өлүгүңдү көрөйүн, шылдырактарын чогулткуча күн түш болот, аттана бергиле,-деп кичи энебизге карабай көч ордунан козголгон экен.

      Кичи энебиз бир-эки күн мурда эле төрөп, жакшы тыңып кете албай жүргөн учуру экен. Атына минип, –Эми бешиктеги баланы мага алып бергиле-десе, Токтодон айбыккан келин-кесектин эч кимиси көңүл бурбай коюптур. Ызаланган энебиз:-Мейли, бала жалгыз эле меники бекен, силердин деле бала,-деп бешиктеги баланы таштап кете берген экен. Көчтүн артынан жүрүп отуруп жайлоого келет. Жол бою баласын ойлоп, эки эмчеги зырылдап сүт тээп, санаасы санга бөлүнөт. Эч ким көңүл бурбагандан кийин ого бетер көгөрүп, ичинен бышып, акыры чыдабагандан кийин баласын калтырып койгон журтка атынын башын кайра буруптур. Күн кечке маал болуп калгандыктан биртике жол жүргөндөн кийин эле күн батып кетиптир. Атын үстөкө босток теминип, шайбырлата жүрүп отуруп, “балам эмне болду экен, ит куштан аман болгой эле” деп түркүн жаманчылык ойго келип, буркурап ыйлап, көзүнүн жашы он талаа болуп, таңга маал кечээки көчкөн журтка жетип келет. Ал келээри менен бешиктин жанында жаткан карышкырды көрүп, жүрөгү оозуна тыгылат. Ат үстүндө отурган адамды көрүп, карышкыр ордунан жай козголуп, жылып кете бериптир. Айрым санжырачылардын айтымында бешиктеги баланы чаарчыгын ээрчиткен элик эмизип туруптур деп айтылат. Энени көрүп элик чаарчыгы менен тез эле көздөн кайым болуптур дешет.

      Эне аттан ыргып түшүп, шашкалактап бешикке жетти. Келсе бала аман-эсен, бешикте бөлөнгөн бойдон уктап жаткан экен, ууртунан сүт куюлуп турат. Баласын чечип ала коюп, бооруна кысып, өпкүлөп жатса да бала ойгонбойт. Курсагы ток, мемиреп уйкуда жаткан баласына эт жүрөгү эзилип, бүткөн бою элжиреп турган эне далайда барып эсине келди. “Баламды кудайым сактап, кудайым баккан турбайбы. баламдын өмүрү узун болот экен. Бул кылыгымды, текеберчилигимди, көк беттигимди кечире көр, жараткан”-деп эчкирип ыйга кирген экен Шабыркүл энебиз. Өзүнүн кылган ишине өкүнүп, кайра-кайра кудайга жалынып жатты. “Мага куру намысты ким коюптур, байбиченин катаалдыгына чыдап, жемесин угуп, баламдын аманчылыгын тилеп, отура берсем болмок экен. Эми бул кылыгымды билсе баламдын атасы эмне дейт, анын бетин кантип карайм? Кандай шордуу күнгө туш келдим? Эми эмне кылам, кайда барам?-деп жосунсуз жоругу үчүн өзүн өзү жемелеп, бирде ыйлап, бирде сооронуп отурган экен.

      Кыдык атабыз айдалып келген мал-жанды түгөлдөтүп, ылайыгына жараша жайгаша бергиле деп мал ээлерине көрсөтмө берип коюп, кеч курун жаңы конушка тигилген үйлөрдү кыдырып келатып, Шабыркүлдүн жүгү түшүрүлбөй, үйү тигилбей турганын көрөт. Байбиченин талабына моюн сунуп, аны кыңк этпей аткарууга көнгөн айылдын келин-кесеги күңк-мыңк этип, жарытылуу деле эч нерсе айта алышпаптыр. Кыраакы, сезимтал Кыдык атабыз кичи аялы шойкомдуу бир окуяга кабылганын сезип, Шабыркүл менен уулун издеп жолго чыккан экен.

      Кечээки журтка келип. баласын бооруна кысып, өз ою менен өзү алпурушуп отурган аялын көрүп, санаасы тынып, чочутуп албайын деген ой менен Кыдык ата жайбаракат аттан түштү. Эч нерсени байкабай бала эмизип отурган аялына ичи ысып, ыраазы болгон Кыдык ата “эмизип бүтсүн, тоскоол болбоюн” дедиби, бир топко чейин ордунан козголбой тура берди. Баланы эмизип бүтүп, эки жагын карап, Шабыркүл артында турган күйөөсүн көрүп, эмне кылаарын билбей шашкалактап калды. Башынан сабырдуу Кыдык ата акырын басып келип, баланы колуна алып, мурдунан чымчып, чекесинен сүйүп: -Сени кудайым сактаган тура, өмүрүң узун болот экен, атың эми Кудайбакты болсун”-дептир.

      Ошентип, Кыдык атабыз аялы менен баласын бооруна бирдей кысып, кыбылага карап: “Кудайым, кулдугум бар, кабыл кыла көр”,-деген экен. Бул экөөнүн аман-эсен табылганына сүйүнүп, Кыдык ата кудайга жалынып, түлөө өткөрүп, чоң той берет. Тойго келгендерден бата алып, жалпы журттун алдында азан чакыртып, уулуна Кудайбакты деп ысым берген экен. Кыдык ата кичи аялынын кылганын көңүл сыртынан кетирип, ага эч нерсе болбогондой жылуу-жумшак мамиле жасаган экен. Токто байбичесин да жемелебей, күндөгү калыбында эле жүрө бериптир. Кыскасы бала менен болгон ошол түнкү окуядан кийин, Шабыркүл эненин кулк-мүнөзүндө олутту өзгөрүүлөр болуп, байына карата терең урматтоо жана ызаат кылуу сезими ойгонгон экен. Токто байбиче да кичи энеге карата мурдагы мамилесин өзгөртүп, ага сыпайы карап, улуу байбиче катары кеп-кеңешин айтып, эки энебиз сен-мен дешип, катуу айтышпай, өмүр бою ынтымактуу болушкан экен.

      Кыдык атабыз бала кезинен энесин өтө сыйлап, ал кишинин айткандарын жогору тутуп келгендиктен. аял затына аяр мамиле жасап, аларды баалай билген киши экен. Энесин өтө сыйлаган киши, аялдарын да сыйлап, аларга катуу сөз айтпаптыр. Ошондуктан, аялдарынын бирин өйдө, бирин төмөн койбостон, урмат менен тең карап, керек болгон жерде эркелетип, алар үчүн кам көрүп, көп көңүл бөлгөн экен. Байынын токтоо, сабырдуу, салмактуу мүнөзүнөн улам жана анын эл билги, ыйманы ысык жана калыс адам катары эл арасындагы кадыр-баркынын улам өйдөлөп баратканынан улам, байбичелери да Кыдык атаны сыйлап, өйдө карабай, көзүнүн агы менен тең айланып турушчу экен.

      Кыдык атабыздын үйүндө эненин орду бийик болгондуктан Шагдар энени келиндери өтө кадырлап, ар бир айткан сөзүн көңүлгө бекем түйүп, кыңк этпей аткарууга аракет кылышкан. Кайнене менен келиндин ар биринин өз орду, өз милдети болгондуктан, ар бири аны сезе билип, өз барк-баасын сактаган экен. Ошондуктан Кыдык атабыздын үйүндө дайыма ынтымак өкүм сүрүп турган.

      Илгертен эле кыргызда журт билип, элге кадыры өткөн адамдын жары болуу аялзаты үчүн айрыкча эле кыйын болгон, ага өтө жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөн. Балдарды атанын даражасына ылайык тарбиялап өстүрүү, бир гана эринин намысы эмес, жалпы эле келген жеринин, элинин намысын сактоо, үй ичиндеги эле эмес, жалпы элдин ынтымагын коргоп, күйөөсүнө татыктуу зайып болуу, “Аял жакшы—эр жакшы” деген сөздү күнүмдүк иш-аракети менен далилдеп жашоо Кыдык атабыздын байбичелерине гана эмес. келечектеги келиндерине да таандык болгон. Дегеле жалпы бугуда ысымдарын даңаза кылып, өздөрүн туу тутуп айтып жүрө турган мыкты кайнене-келиндер чыккан экен.

      Мүйүздүү эне кастарлап,
      касиет-нарк багыптыр.
      Нарк-насили эненин,
      кел-кели менен уланып,
      келиндерде калыптыр.
      Баалы эненин келини,
      байбиче Шагдар энебиз.
      Баалуу кебин чубаган,
      кайнененин нускасын,
      керегине жаратып,
      келиндери улаган.
      Толгон элге айтылаар,
      Токто эненин нускасы.
      Айткан кеби орундуу,
      айыл-апанын туткасы.
      Аялдан мындай жаралбас,
      айтаар сөздүн кыскасы.
      Мүйүздүү эне колдогон,
      кадимки Суксур энебиз,
      Кайнене жолун жолдогон.
      Айткан сөзү эп болгон,
      акыл-ойго кең болгон.
      Аялзаты болсо да,
      агайинге тең болгон,

      - деп энелирибиз жөнүндө санжырачылар муундан-муунга сыймык- танып кеп кылып келишкен.

      Арадан жылдар өтүп, Токто энебиз төрөттөн калып, дагы балалуу болуп, тукуму өссүн деп байына кытай уруусунан Айкүмүш деген кызды алып берген дешет. Токто эне жактырган бул кыз атына заты жарашкан татынакай, назик, тарбиялуу ургаачы экен. Кыдык атабыздын бул аялын байбичелер токол дебестен, өздөрүнүн жанына алып, үй-тиричилигине атайын кызматчы келиндерден дайындап коюшкан экен. Бирок, Айкүмүш энебиздин өмүрү кыска болуптур. Тун баласын төрөп жатканда “кара басып” эсине келе албай көз жумган экен. Бала ай-күнүнө жетпей ара төрөлүптүр. Энесинин зыйнатын жасап, сөөгүн коюп келгенче кызыл эт балага назар салган адам болбой, киндигин кесип чүпүрөккө ороп койгон жеринде ыйлай албай жата бериптир. Качан бала эстерине келип, колго алганда анын тирүү экенин көрүп, таң калышкан экен. Шабыркүл араң жан баланы жылуу сууга киринтип, эмчектин жаңы саалган сүтүн жылуулай тамызып, төөнүн жумшак чуудасына калыңдап ороп, көп аракет менен тирденткен экен. Убакыт өтүп, бала өзү эмчек эмгенге жарап калгандан кийин Шабыркүл эне эмизип, тебетейге салып, керегенин баштарына кыдыртып илип багыптыр.

      Кыдык атабыз бул уулуна мунун жаны бек экен деп ырым кылып, Жаныбек деген ысым бериптир. Кудайбакты менен Жаныбек эмчектеш бир тууган болгондуктанбы, айтор кийин көп жылдар бул экөөнүн тукумдары жамаатташ айыл болуп, өрүшү да, конушу да бир болуп чогуу жүрүшкөн.

      Кичине кезинде атасынан ажырап, анын таалим-тарбиясын жетишээрлик албай калган Кыдык атабыз анын кенемтесин толтуруп, балдарына камкордук менен карап, алардын өз оокаттарына тың болуп, элден калбай тиричилик кылып кетишин тилеп, ошол кездеги жоокерчилик замандын талаптарына жараша чыйрак болуп өсүшүнө көп аракет кылган. Өзү да коогалаңдуу замандын далай чабыштарына катышып, колуна курал алып, ат жалында жүргөн киши болгондуктан, уулдарын кыйынчылыктарга тике карап, эл башына коркунуч түшкөндө кылчактабай жоого каршы аттанып чыгууга тарбиялаган. Кыдык атанын уулдары чоң атасы Жамангул баатырдын арбагын ыйык тутушкан жана анын атына эч качан шек келтиришкен эмес дешет.

      Ал эми Төрөкочкордун тукумун улай турган жалгыз туяк – Куржунду Кыдык ата “Акжолтой”, “Майкөтөн”, “Төлбашы” деп эркелетип да, ырым кылып да айрыкча камкордук менен багып чоңоткон. Мунун бир далили биз мурдатан белгилегендей, Куржунга деп тестиер кезинде эле энчисин бөлүп бергенин айтсак болот. Кыдык атабыз Куржунду жетим дедиртпей, ага да, ата да болуп, “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай”, дайыма өзү менен ала жүрүп, жер көрсөтүп, эл аралатып тарбиялаган экен. Жаанбай, Жакшылык, Кутулду, Кудайбакты, Жаныбек бала кездеринен эле бир үйдө чогуу жүрүшүп, Куржунду улуу агабыз деп айтканынан чыкпай ынтымактуу чоңоюшкан экен. Токто эне да, Шабыркүл эне да балдарды элдик каада-салттын үлгүсүндө тарбиялашып, аларды өз же, өзгө деп бөлбөй, баарына бирдей талап коюшкан. Кыдык атабыздын энеси Шагдар байбиче да, улуу,кичүү аялдары да “ата-бабадан келаткан салтты бузбайлы, үйдүн кутун кетирбейли, ырыскысын качырбайлы, коломтонун отун өчүрбөйлү” дешип, ынтымактуу жашоо кечиришиптир. Албетте бул жерде барыдан мурда Кыдык атабыз өзүнүн акылдуулугу жана сабырдуулугу менен, эң башкысы айкөлдүгү менен үйдүн ынтымагын сактап тургандыгын баса белгилешибиз керек.

      Бир гана үйүндөгү ынтымакты эле эмес, жалпы Жамангул тукумдарынын ынтымагы менен биримдиги үчүн да Кыдык атабыз чоң көңүл буруп, ага-тууган ичиндеги өзүнүн аброю менен дайыма таасир берип, кеп-кеңешин айтып, жардамын аяган эмес дешет. Мына ушундай үй-бүлөдө Куржун бой жетип, ата-эненин көңүлүнө төп келген жигит болду. Кыдык атабыз аны үйлөнтүү максатында ылайыктуу кайын-журтту издеп, куда-сөөк боло турган жердин чоо-жайын жакшылап билгенден кийин байбичелери менен кеңешип, сарбагыш Сарысейиттин уулу Үчүкө баатырдын Седеп деген кызын Куржунга ылайык тапкан экен. Жуучу түшүп, болочок кудаларынын макулдугун алгандан кийин ата-бабанын салты боюнча калыңын мол камдатып, тогуздап мал айдатып, Үчүкөнүн көзү жок болгондуктан анын уулу Дөөлөттүкүнө келип түшүп, тоюн мыктылап өткөрүп, Куржунга Седепти алып берип, никесин кыйдырган дешет.

      Бойдок кезинде эле Куржундун өзүнө энчилүү үйү менен мал-жаны болгондуктан, анын чарбасы дүркүрөп өнүгө баштайт. Төрт-түлүгү жер жайнап, аны карап, баккандардын үйлөрү катар тигилип отуруп, Куржундун ээлигине таандык бараандуу айыл болот.


                           БӨРҮ БААТЫР ЖАНА БЕЛЕК                                                                                                           (Мазмунга)

      Ушул жерден бир аз чегинүү жасап, Жамангул баатырдын досу Бөрү баатыр жөнүндөгү баянга токтололу. Бөрү баатырдын насили коңурат экен. Бөрүнүн ата-тегин санжыра боюнча сүрүштүрө келсек, Коңурат, Байсары, Каргатай, Жараш, Куттуксейит. Бөрү ушул Куттуксейиттин уулу. Анын азандагы ысымы Нурмукан экен. Көзү көгүш, анан да шоктугунан, бети башынан көгала кетпегенинен Көкөн атка конот. Кийин калмактарда жүргөндө Коңтаажы Көкөндү сынамакка ага каршы эки бөрүбасар дөбөттөрүн агытып жиберет. Дөбөттөрдүн биринин төшүн талкалай тээп, экинчисинин жаагын айрып таштагандыктан Бөрү аталып кеткен экен. Ошентип ал санжырада Бөрү баатыр деп айтылып жүрөт.

      Күндөрдүн биринде Бапанын үйүнө Тогуз-Тородогу коңурат уруусунан кудалар келет. Ушул тойдо Бапанын бир тууганы Жамангул баатыр оюн-зоок уюштурат. Күйөө жолдош болуп келген Бөрү деген жигит күрөшкө чыгып, ага каршы чыккан бугунун балбандарынын барын жыгып, ага тең келчү эч ким болбой калганда намыс үчүн деп Бөрүгө каршы күрөшкө Жамангул баатыр өзү чыгат. Эки балбан далайга чейин күрөшүп, бири-бирин жеңе албай коюшат. Аксакалдар экөөнө тең бата беришип, эки балбан өз ара күчүн, чарк-чамасын баалашып, бата менен акыреттик дос болуп калышкан экен.

      Ошондон кийин Бөрү баатыр бир аз туугандарын алып, аларды Ысык-Көлгө көчүрүп келип, Койсарыда туруп калышат. Ошентип алар Алсейиттин айылына жамаатташ жашап, Жамангул баатыр менен кыйышпас дос болуптур. Жамангул менен Бөрү “жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашып”, сырткы душмандарга каршы күрөштө нечен курдай салгылашууларга катышып, “тизгинди чогуу алышып, үзөңгүнү чогуу кагыштырып” келатышкан достордон экен. Салгылашуулардын биринде Бөрү туткунга түшүп, калмактардын колунда отуз жыл жүрүп калат.

      Калмак төрөнүн малын багып, андан кийин анын ордосунда кызмат кылып, ишке кылган мамилеси, тыңдыгы менен төрөгө жагып калат. Бул арада тил үйрөнүп, калмакча бир топ эле түзүк сүйлөп калган экен. 24 жашында колго т үшкөн Бөрү 54 жашында туткундан бошоп чыгат. Эптеп жөө-жалаңдап жүрүп отуруп, Ысык-Көлгө жетсе, эл жок. Андан ары Жамангул досун издеп, “уламадан улап, сурамадан сурап” жүрүп, көп кыйынчылык менен досунун айылын Кара-Кулжадан табат.

      Келип, Жамангулдун жоо колунан мерт болгонун угат. Ал кезде Жамангулдун жесири Шагдар байбиче Кыдыкты үйлөндүрүп, кичүү уулу Белек менен ошонун колунда экен. Белек 11-12 жашка келип калган, ал тың, чыйрак, акылдуу, ачык-айрым бала болуп чоңоюптур. Шагдар эне-“Атаңардын досу Бөрү баатыр аман-эсен келип, бизди таап отурат. Туура көрсөңөр той өткөрүп коёлу”-деп Кыдык менен Белекке кеңеш кылат. Экөө энесинин кеңешин эп көрүп, эл чакырып той беришиптир. Ал тойдо ат чаптырып, улак тарттырып, байгелер чоң коюлган экен. Мына ушундан кийин Бөрү баатыр аяшы менен анын балдарынын ушундай сый-урматына жетиналбай Кыдыктын айылында туруп калат. Өзүнүн шар кеткен, адамдын көзүнө карабай түз бетине айткан мүнөзү менен Бөрү баатыр аяш уулу Кыдыкка жагып, эми Кыдык көп жерде анын кеңешин угуп, айткан-дегендерине маани берчү болуптур.

      Мезгил келип, Белек бой жетип, аны үйлөнтүү керек болот. Белектин өзүнүн жактыруусу менен Кыдык атабыз кыргыздын салтына ылайык ырым-жырымын толук жасап, инисине Меке деген кызды алып берген экен. Эми, Белек өзүнчө түндүк көтөрүп, түтүн булатып, атадан калган мал-мүлккө агасы Кыдык энчилеп төрт-түлүктөн күтүрөтө кошуп берип, энеси Шагдар байбичени колуна алып, кудайга шүгүр деп тиричилигин баштаган экен.

      Белек атабыз ушул Меке деген аялынан Тогузбай, Элчибай, Шүкүр, Кожош деген уулдарды көрөт. Теңизбай деген тондуу (бакма) уулу болгон. Меке деген ыйык ат дешип, ал энебизди Салмаке деп аташкан. Эр ортонунан өтүп, айылында бой жүргөн аяш атасын үйлөндүрүп, анын бала-бакыралуу болушун каалаган Кыдык атабыз иниси Белекке оюн айтып, кеңеш салат. Агасынын бул оюн колдогон Белек аяш атасы Бөрүгө ылайык ургаачы издеп. “саруу уруусунда Обочор деген байдын бир кызы кара далы болуп үйүндө отурат” дегенди угуп ошого жуучу түшкөн экен. Бул 18 жашка чыгып, кудалап койгон жигит каза болуп калып, күйөөдөн түңүлүп жүргөн кыз экен. Калыңына бодо мал, ага кошуп майда жандык айдатып барып, башынан адамга жугумдуу, шуулдаган Белек: - Бөрү аяш атам силерге күйөө бала, мен силерге куда”-деп кулдук уруп, жай сурап, Обочордун кызы Аруукени Бөрү баатырга алып бериптир. Ошол Бөрү баатыр Кыдыктын айылына келгенден бери жүрөгүн өйүп, тынч ала албай Белекти кайра Ысык-Көлгө көчүп кетүүгө үндөй баштайт.

      Белектин үйүнө келген сайын же, ага жолуккан жерде деле -“Келберсиген көл жатса ушул мээ кайнаткан Кара-Кулжада чымын-чиркейге таланып жүрө беребизби”—деп Ысык-Көлдү бейиштин төрүндөй кылып сүрөттөп, көлгө кетүүнү максат кылып, Белектин кулагынын кужурун ала берет. Эгер Белек көчө турган болсо, Кыдык да калган бир туугандары менен кошо көчүп, андан соң жалпы эл түп көтөрүлө козголот эле деген сыяктуу сөздөрдү айтып үгүттөп жатып Белектин көңүлүн түздөп койгон экен. Аяш атасынын жан далбастаган аракетинен кийин өмүрүндө көрбөгөн Ысык-Көл тууралу өзүн кызыктырган суроолор менен агасы Кыдыкка кайрылат. “Ысык-Көлдөй болобу! Жарыктык күнгө чагылышып, ак толкундары жээкке урунуп, салкын жели көңүлдү көтөрүп, кыйкуулаган каз-өрдөгү, койкойгон аккуулары, түбүндө ойногон балыктары менен кең кучагын жайып, тегерете курчаган ак мөңгүлүү тоолорго жарашып, көк асманга көрк берип жатса керек”-деп Кыдык атабыз көлгө болгон кусалыгын билгизип, инисине Ысык-Көлдө өткөргөн балалык күндөрүнөн эсинде калгандарын божурап берген экен. Агасынын Ысык-Көл жөнүндө айтып бергендерине терең таасирленген Белекте эми көлгө кетүүдөн башка ой калбай калат. Бөрү баатыр Кыдыкты да үгүттөп, ансыз деле иниси менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Ысык-Көлгө болгон сагынычы артып, ата-бабанын киндик каны тамган ата – журтка кайтып барып ошол жерде жашап өмүр кечирүүнүн бактысын сезе баштаган Кыдык атабыз Ысык-Көлгө көчүп кетүүнү чечет.

      Ошентип, Жамангулдун балдарынын айылдары текши көлгө көчүп жөнөшөт. Алар менен кошо Бапанын тукумдары да т үп көтөрүлө көчүп, алардын артынан калган бугулар көч сапарын улашты. Бул улуу көч бугулардын экинчи ирээт Ысык-Көлгө кайтып келиши эле. Өткөн замандарда тарыхтагы дагы бир капсалаңдуу чапкындын кесепетинен сүрүлүп кеткен бугулар Арык мырзанын башчылыгы менен кайра Ысык-Көлгө кайтып келгенин дагы бир жолу эске сала кетүүнү туура көрдүк. Бул бугулардын биринчи жолу Ысык-Көлгө кайра кайтып келиши болгон деп башында белгилегенбиз.

      Ошентип, калың бугу көл башына келип, Каркырага жайланышып калды. Иниси Белектен келечекте көптү үмүт кылган Кыдык атабыз аны жалпы бугуга эл башы – бий кылып, бугунун тагдырын Белектин колуна берүүнү көздөп, айыл аксакалдары, уруулардын эл билгилери менен “ийри отуруп, түз кеңешкен” экен. Жамангул баатыр өлгөндөн бери бир топ жыл бугуда бий жок, эл башкара турган бир татыктуу адамдын болушу зарыл эле. Анын үстүнө Көлгө келгенден кийин биздин башчыбыз бар деп, ээн басып, ээн жүргөнгө да эл үчүн жооп бере турган бийлик ээси керек болуп турган. Ошондо мында отургандардын баары Бөрү баатырды Белекти бий кылып берүү өтүнүчү менен калмактын баш төрөсүнө жибермекчи болушат. Себеби, Бөрү баатыр кезегинде ийги кызматы менен төрөгө жаккан, анын үстүнө калмакча сүйлөп, алардын салт-санаасын өздөштүрүп алган эмеспи.

      Бөрү баатыр жанына эки шайдоот жигит алып Текеске калмак төрөсүнө аттанган экен. Төрөнүн кабыл алуусунда отуруп, “Биз көлдүк бугулар сиздин букараңыз болуп, сиздин тартибиңизге баш ийип, казынаңызга алык-салык төлөп туралы. Бизге Жамангулдун уулу Белекти бий кылып, мөөрүңүздү басып берсеңиз экен деген өтүнүч менен келдим эле”-деп Бөрү баатыр бугунун өтүнүчүн билдириптир. Калмак төрөсү “Белек бугуга бий болсун” деген буйругун чыгарып, мөөрүн басып берген экен. Ошентип Белек бий аталып, бугуну көп жылдар башкарып, он-солго таанылган атакка ээ болгону санжырада айтылып жүрөт. Акыры инисин бий кылып, анын колуна “эки тизгин, бир чылбырды” берүү тууралу Кыдык атабыздын ою ушинтип ишке ашкан экен.

      Мезгилдер алмашып, жылдардын өтүшү менен Кыдык атабыздын канат-бутагы жайылып,бала-бакырасы, укум-тукуму өнүп-өсүп, төрт тарабы кыбыла дегендей, тилеген тилеги кабыл болуп турду. Ошого жараша мартабасы артып, “журт атасы” делип алыс-жакынга таанылды. Мына ушинтип өз Ата журтунда санаасы жок, малчысы жайлоодо, жатакчысы жакада тиричилик кылып, күлүгүн чаап, улагын тартып, аш-тойлорун шаан-шөкөт менен өткөрүп, дуулдап жаткан элдин бейкапар турмушу арадан бир нече жыл өткөндөн кийин кайрадан бузулду.


                           КАЛМАКТЫН ЖАҢЫ ЧАБУУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Тарыхый маалыматтарды карап көрсөк, XVII кылымдын башынан XVIII кылымдын ортосуна чейинки мезгил кыргыз тарыхында Жунгариядан кол салып турган ойроттордун (калмактардын) баскынчы жортуулдарына каршы кыргыздардын күрөшүнүн мезгили болгон XVII кылымдын аяк ченинде (80-жылдардын ортосу) өтө катаал абал түзүлүп, бир катар кыргыз уруулары Фергана,Памир-Алай, Ысар, Көлөп аймактарына ооп кетүүгө аргасыз болушкан. Бул коңтаажы Галдан-Бошоктунун (1671-1697) тушунда болуп өткөн.

      Андан кийинки жылдарда бугулардын Ысык-Көлгө кайтып келгоендигин жогоруда санжыра боюнча айттык эле. Эми, тагдырдын жазмышы менен алар кайрадан Ысык-Көлдөн козголууга туура келди. Бул тууралу санжырага кайрылып көрөлү. Мурунку калаймандарда калмакка туруштук бере албай кыргыз-казак качканы качып, качпаганы калып, калмакка баш ийип берип тим болгон. Каптап келген калмак көп мал алып, жерге ээлик кылып, баш ийген элге бийлик кылып тынчып калган эле.

      Бири баскан эл болуп, бири басылган эл болуп тынчып келе жатканда Ысык-Көл боюна, Чүйгө, андан ары Таласка бийлик кылып турган Калдаң-Серең коңтаажы кыргыздын ар кайсы уруусунан мыкты, төбөсү көрүнгөн жигиттерден ордого бергиле деп буйрук кылган. Анын максаты кыргыздар баш көтөрүп кетпесин деп, мыкты балдарын барымтага кармап туруу болгон. Кыргыздар болсо коңтаажы жигиттерди сурап алып өлтүрүп, мыкты жигиттерден айрылып, калмакка түбөлүк кул болобуз деп буйрукка баш ийбей коюшкан. Ошол мезгилде солтону Талкандын Байболот деген уулу, сарыбагышты Сарысейиттин уулу Кудаян, ал эми бугуну Жамангулдун уулу Белек башкарып турушкан. Кыргыз бийлеринин буйрукка баш ийбей койгонунан улам Калдаң-Сереңдин зайсаңдары башчылык кылган калмак аскерлери казак-кыргыз аймактарын чаап кирди. Калмактар Иленин боюна чапкын кылып жатат деген кабарды алган Белек бий калмак кыргынынан чочулап, туш-тушка чабарман чаптырып, алдын-ала элин, мал-жаны менен жапырт көчүрүп, күнү-түнү коопсуздукту камсыздай турган куралдуу жигиттердин чоң тобун Белек өзү башкарып, бугу уруусу Көлдү таштап кетүүгө аргасыз болгон. Мына ошентип бугулар Ысык-Көлдөн үчүнчү ирээт батышты көздөй сүрүлгөн экен.

      Кыдык атабыздын айылы да жалпы эл көргөндү көрүп, ашуусу бийик тоо ашып, агыны катуу суу кечип, качан артыбыздан жоо жетип келет деп жанды оозго тиштеп, жоонун алдын тосуп турган жигиттердин амандыгын кудайдан тилеп жүрүп отурган экен. Бул жолу да Белек бийдин эли башы аман, боору бүтүн, мал-жаны чабылып, чачылбай Кетмен-Төбөгө келип токтогон эле. Кыйналса да элдин аман-эсен келгенине кудайга шүгүр деп Кыдык атабыз да жаңы жерде жаңыча тирдигин баштап, конуш тандап жүрүп, байбичелердин айылдарын жанаша жайгаштырып, кыркалекей үйлөр тигилип, айыл мурдагы көнүп калган жашоосуна түшкөн экен. Бугулар Кетмен-Төбөнүн суу баскан жерлерине эгин эгип, эл ичинде токчулук болуп турду. Кышкысын бозо салып, жоро ичип, жайкысын бээ байлап, кымыз ичип, баглан козу, тайдын этинен шерине жеп, бугу дөөлөтүнөн да, сөөлөтүнөн да тайыган жок. Төрт түлүгү Толук, Үч-Терек, Коңур-Өгүзгө чейин жайылып бугулар Кетмен-Төбөдө жакшы эле жашап турушту.

      Калмак менен болгон бул жолку салгылашта чабылып-чачылып жүрүп, солтонун башчысы Байболот, сарыбагыштын башчысы Кудаян Ысарга бараткан жолдо өлүшөт. Ошондон кийин солтого Талкандын уулу Кошой, ал эми сарыбагышка Үчүкөнүн уулу Маматкул бий болуп калышкан. Ушул кармашта катуу алсыраган бул эки уруунун эли Ысар менен Көлөптөн жай таба албай, жазында Кетмен- Төбөгө бугуларга чукул аймактарга көчүп келишкен.


                           КУРЖУНДУН ТУКУМДАРЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Эми, Куржун атабыз тууралу кепке кайрылып келели. Ал сарыбагыш Үчүкө баатырдын кызы Седепке үйлөндү деп айтпадык беле. Демек, Маматкул менен Дөөлөт Куржун атабыздын кайын журту болуп калат. Куржун атабыз Седеп байбичесинен Түлөгул,Торгой, Чолпоке, кичүү аялынан Ырыс жана Бейшебай деген уулдарды көрөт.

      Бугулар Кетмен-Төбөгө сүрүлүп келгенде аман-эсен кырсыктан тышкары келдик деп Кыдык атабыздын айылы кудайга жалынып, ак боз бээ союп түлөө өткөрүп жатканда Куржун уулдуу болуп, атын Түлөгул коюшкан экен. Түлөгул мүнөзү жоош, оор басырыктуу, оокатка тың, чарбакер уул болуп жетилген экен. Ортончу уулу Торгой кичинесинен эле чыйрак, тыкан, жумшаган жакка илгиртпей кете берген элпек, өзү теңдүүлөрдөй болуп жөнү жок оюнга алаксый бербеген, чоң балдарды туурап. алар менен тең жүргөнгө аракет кылган бала болуптур. Өспүрүм кезинен эле көзгө көрүнүп, эр жүрөктүүлүгү менен оозго алынган экен. Торгой тууралу өзүнчө кененирээк токтолобуз.

      Куржундун Чолпоке деген уулу тың чыкма, шуулдаган шайдоот, бирди эки, экини төрт кылган соода-сатыкка жакын уул экен. Кичи аялдан төрөлгөн Ырыс менен Бейшебай бар-жогу анча билине бербеген, коймаарек, тополоң болуп жатса да шашпаган, ичимден тап мүнөздөгү балдар экен.

      Кыдык атабыз менен Токто энебиздин мээнети кайтып, Куржун бала-чакалуу болуп, өрүшү малга толуп, эл оозуна алынып, Төрөкочкордун тукуму татыктуу уланган экен.


                           КЫДЫКТЫН ТУКУМДАРЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыдык атабыз улуу баласы Жаанбайга алыс барбай эле желдеңдин бийи Мендегулдун кызын алып берди. Мендегул бийдин сегиз уулунун бири Карга. Ал 1718-жылы туулуп, 1828-жылы кайтыш болгон. Карга 110 жашка чыккан өмүрүнүн 70 жылын желдең уруусунун бийи болуп өткөргөн. Карга бий даанышмандыгы, көсөмдүгү жана калыстыгы менен “Аке” деген бийик даражага ээ болгон көлдүк жети акенин улуусу. Жаанбайдын бул аялынын согончогу канабаптыр. Энебиздин ысымы ким экендиги бизге белгисиз бойдон калды. Артында учук улаар уул-кызы болбосо, эненин аты айтылбай мезгил барактарынын бүктөмүндө белгисиз болуп кала берет турбайбы. Ата менен энеге баланын болушу кандай бакыт болсо, укум-тукумунун уланышы да ошондой эле бакыт алып келип, адамзат жашоосу ошого байланыштуу улана берет экен да.

      Жаанбайдын экинчи алган аялы кыргыздын сол канатына кирген Чоң Багыш уруусунун кызы Саалыбүбү. Эл ичинде анын сулуулугун даңазалап, канаттуунун сулуусу суксурга салыштырып жүрүшүп, Суксур атка кондурушкан. Суксур (Саалыбүбү) эне тууралу кийинчерээк кененирээк токтолобуз. Жаанбай бул аялынан Элчибек,Жоруп, Мурат деген үч уулдуу болгон.

      Кыдык атабыз менен Токто энебиздин үчүнчү уулу Кутулду Карачач деген кызга үйлөнүп, андан Алдаке деген уул төрөлөт. Алдакенин атасы Кутулду жаш кезинде эле кайтыш болгон экен. Жыл маалынан өткөрүп барып, куран окутулгандан кийин илгертеден калган салтты колдонуп, Кыдык атабыз инисинин жесирин уулу Жаанбайга нике кыйдырып алып бериптир. Ошентип, Жаанбай үчүнчү аялы Карачачтан эки уулдуу болуп, аларга Мендебай, Бейиш деген ысымдарды бериптир. Бул экөө менен Кутулдудан калган жалгыз туяк Алдаке энелеш бир тууган.

      Жаанбай төшөк жаңыртып, төртүнчү аялы Эркесарыга үйлөнөт. Андан көргөн балдары: Баймырза, Алымжан жана Абдыракман (Алдакул деп да коюшат). Ошентип Жаанбай атабыз жалпы сегиз: Элчибек, Жоруп, Мурат, Мендебай, Бейиш, Баймырза, Алымжан, Абдыракман деген уулдардын атасы болгон.

      Кыдык атабыздын Жакшылык деген уулунан үч уул бар, алар: Кожомберди, Азарбек жана Черикчи.

      Кыдык атабыздын Кудайбакты деген уулунун Алыке, Темир, Абышка, Рай деген төрт уулу болгон. Санжырачылардын айтымында Кудайбакты бир кыйын сынчыны чакыртып, уулдарын сынаткан экен. Биринчи баласы Алыкени сындан өткөрүп, “үкү байыр, сары өөк” бала экен, анткени, телегейи тегиз, ырыс-кешиктүү, өнүп-өскөн, канат-бутагы жайылган укум-тукумдар чыгат бул уулуңдан,-дептир. Экинчи уулу Темир тууралу:- “уютку бөрү” экен, буга эч ким катыла албайт, баатыр, элдик киши болот”,-деген сын бериптир. Үчүнчү Абышка деген баласын “баба дыйкан болот”- дептир. Кудайбактынын кичүү уулу Рай чырайлуу, сулуу бала экен. Энеси “бул баламды көрсөтпөй эле коёюн” деп жүктүн артына катып койгон экен. Сынчы:-дагы бир балаң бар экен, алып кел”- деп билип коюптур. Арга жок, баланы сынчынын маңдайына алып келиптир. Ошондо сынчы:- “бул балаңды жибек менен тукабага ороп багат экенсиңер, ырайлуу, чырайлуу экен. Бул балаңдын “тышы жалтырак, ичи калтырак” болот. Мындан эч нерсе чыкпайт”-дептир.

      Жылдар өтүп, кийин мезгил көрсөткөндөй, сынчынын айтканы келип, Кудайбактынын тукумдарынан бешенесине тагдыр ошону буюрса керек, нечен эл билген мыктылар, мал күтүп марыган байлар, эрегиштин эбин тапкан эрлер, как жерден чөп чыгарган баба-дыйкандар, калемгерлер, окумал чоң молдолор чыккан. “Мал аксагы менен түгөл” дегендей Кудайбактынын ичинде эт менен челдин ортосунда жүргөндөрү деле бар.

      Кыдык атабыздын кичүү уулу Жаныбектен да үч уул: Жолумбек, Райымбек, Райымкул.

      Мезгил өткөрүп саамыктатып туруп, чапкынын жүргүзүп келген калмактардан качып келген бугу эли Кетмен-Төбөгө келип, эртең-бүрсүгүнү калмак келип калбайбы деп элеңдеп, ар кайсы -кокту-колотко үйүн тигип, жылга-жыбытка малын жайып, малыңды ары жай, бери жай деп ичи тарлык кылбасын кудайдан тилеп, жергиликтүү элдин, алардын мык чегерлеринин кабак-кашын байкап, көзүн карап күн өткөрүп жүргөн кездер болду. Мындайда малыбызды алдырып, жылкыбызды чаптырып жибербейли деп саксактап, Алсейит тукумдары бири-бирине караан болуп, жайлоого чыкса да, кыштоого түшсө да бирге көчүп конуп жүрүштү. Бара бара жылдар өтүп Кетмен-Төбөлүк жергиликтүү эл менен камыр-жумур болуп жашап калышты.

      Кетмен-Төбөлүк дегенибиз- булар саяктын каба уругунан тараган эл экен, бугуларды жерибей өздөрүнө кыйынчылык келсе да арасына батырып алышыптыр.

      Мына ушул Кетмен-Төбөдө Белек бий бир тууган агалары Кыдык, Итбок, Боокенин бала-бакыраларын эле эмес, жалпы Орозбакты тукумдарын баш коштуруп, бийлик кылып турду.

      Кетмен-Төбөлүктөр менен алыш-бериши мыкты болуп, кыз берип, уул үйлөштү. Биз мурда белгилегендей, бул жерде да бугунун малы, жер жайнап, кокту-колотторду ээлеп жатты.

      Белек саяк ичинен көп сынчыга сындатып, көп ырчыга ырдатып, өзү көрүп, купулуна толуп, толтуруп, көп калың берип, бир жума тойлотуп, ата-бабадан калган каада- салтты кенен колдонуп туруп, Жаркын деген экинчи аялын ушул Кетмен-Төбөдө жургөндө алыптыр. Жаркын байбичеден Белектин Алдаш, Алдаяр, Токой, Саты, Токоч, Толубай деген уулдары бар.


                           ТӨРӨКОЧКОРДУН ТУКУМДАРЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Куржундун экинчи уулу Торгойдун төрөлүшү жөнүндө санжырада эки түрдүү айтылат. Биринчи вариантта Куржун балалуу болуп, той өткөрүп, элден бата алат. Торгой бешикте жаткан кезинде эле касиет конгон дешет.

      Күндөрдүн биринде бала бөлөнүп уктап жаткан бешикке бир Торгой учуп кирип, бир саамдан кийин кайра учуп кетет. Куржун аялы экөө бешиктин жабуусун ачып карашса, баланын жаздыгына Торгой жумуртка тууп кетиптир. Мына ошондон кийин Куржун менен аялы түндүктү тартпай, дайыма ачык коюшат. Торгой күн сайын жумуртка тууп кетип турат. Жумуртка басып жатып, Торгой беш балапан чыгарып, учуруп кетет. Куржун болгон окуяны элге айтып түлөө өткөрөт. Түлөөгө келген эл баланын бешигине кут конуптур, уулуң кудай колдогон баатыр адам болот экен деп, бата берген экен. Мына ошондон бала Торгой аталып калган экен деп айтылат.

      Экинчи бир вариантта Кыдык атанын айылы жайлоого көчүп келип, үйүн тигип, оокат-жайын ирээттегенден кийин Кыдык ата менен Токто эне боз үйдүн эшигин түрүп эс алып отурушкан болот. Төрдө жыйылган жүктүн оң капталында таңуусу менен турган бешикке түндүктөн түшкөн күндүн нуру кыйгач тийип турган маалы экен.

      Ошол учурда түндүккө бир торгой конуп, сайрап отурат да, үйгө учуп түшүп, бешиктин ичине кирип кетет. Жанатан торгойго көз салып турушкан тиги экөө, кыймылдабай, бири-бирин тиктеп, үн чыгарбай отура беришти. Бир маалда торгой бешиктен чыгып, түрүлүү турган эшик аркылуу учуп кетти. Кыдык ата менен байбиче бешиктин жабуусун ачып карашса, жаздыктын бетине торгой жумуртка тууп кетитир. Көргөн көзүнө ишене бербей, аң-таң болгон экөө бул тууралуу эч кимге билдирбей, күн сайын бешикке тымызын байкоо салып турушат. Күнүгө бир маал баягы окуя кайталана берип, торгой бир күнү жумуртка басып калган экен.

      Бир күнү баягы торгой беш балапан чыгарып, жетилтип, учуруп кетиптир.

      Мына ушундан кийин Кыдык ата менен Токто эне мунун бекеринен болгон нерсе эмес экенин билип, өз ара кеңешип туруп, ырым кылып бешикти уулу Куржунга алып келип беришкен экен. Алар бешик менен кошо үйгө чоң жакшылык келээрин үмүт кылып, кудайдан ошол күндү тилеп жүрүштү. Мына ошентип, Куржун экинчи эркек балалуу болуп, Кыдык ата небересинин ысымын азан чакырып, Торгой деп атаган экен. Куржун чоң той өткөрүп, бул тойго Саяк, Солто, Сарыбагыштардан чакырып, жентек бериптир. Тойго келген эл –“Уулуңду кудай колдосун, эли-жерин коргогон баатыр адам болсун”-деп бата берген экен. Менимче, санжыранын экинчи варианты чындыкка туура келиши мүмкүн. Себеби, торгой жумурткалап, балапан чыгарып, учуруп кеткенге чейин бала бешикте бөлөнүү бойдон жата бермек беле да, торгой ошончо күн чочулап учуп кетпей балапан баса бермек беле.

      Торгой тестиер бала кезинен эле жылкычы жигиттерге кошулуп, түнкүсүн жылкы күзөтүүгө чыгып жүргөн экен. Кыштын ызгардуу узун түндөрүндө же, жайдын салкын кыска түндөрүндө жылкычылар менен жүрүп, алардын ары түйшүктүү да, ары кызыктуу да, жашоосу менен толук тааныш болуп, ысык-суукка бышып чоңойгон. Башынан баамчыл, бала-бакыранын баскан турганына чейин сыдыргыга салгандай байкап, көз салып жүргөн Кыдык атабыз (Бу, Куржундун баласынан журт кыйырына көз кырын сала турган эр көкүрөк, сом билек чыгат го), - деп калчу экен. Күндөрдүн биринде Кыдык атабыздыкына Солтонун Багышан деген кадырлуу кишиси ээрчиткен адамдары менен келип сый көрүп жаткан экен. Багышан өзү кыраакы, көргөнүн көргөндөй айткан сынчыл киши экен. Меймандар үй сыртында бут чоюп, кымыз ичип отурушкан экен. Бир маалда даакысы түшө элек тай минген бала чаап өтүп баратат дейт. Улам оң жагына ооп, кайра түзөлүп чаап бараткан балага көз токтотуп туруп, Багышан-“Мына бу чаап бараткан бала кимдин баласы?” - деп сурайт экен. Ошол жерде отургандардын бирөө-“Кыдыктын баласы” - дептир. Ошондо Багышан –“Могу бала оңой бала эмес экен. Оң жагына ооп чаап баратпайбы, иши оңунан чыгып, ырыс токтоткон киши болот аман болсо” – деп баланын артынан карап калган экен. Багышандын жанында отурган Кыдык атабыз айтылган кепке канааттанып, бул баладан үмүт кылып күткөнүм бекер эмес экен, кудайым колдоп, ата-бабанын арбагы жар болуп, аман жүрсө экен деп ичинен дуба кылып отурду.

      Ошол Торгой бой жетип, чымыр, келишимдүү бой келбети, намыскөйлүгү, өжөрлүгү менен көктүгү, адамды тике карап, түз сүйлөгөнү анын болочоктогу эр азаматтардын бири экендигин айгинелеп турган. Ошол доордогу жоокерчилик замандын шартында ар бир кыргыз эр-бүлөө капилеттен боло турган коогалаң учурларга даяр болуп турушу эң башкы турмуштук зарылчылыктардын бири эле.

      Торгой да өзү теңдүүлөр менен тажрыйбалуу жигиттердин кол алдында согуш өнөрүн үйрөнүп, машыгуулардан өткөндүгү айтпаса да түшүнүктүү.

      Жөндөмдүүлүгү, уюштургучтугу, жоро-жолдошторунун арасындагы баркы менен Торгой көп ичинен суурулуп чыгып, жигиттер тарабынан башчы катары таанылып, натыйжада ал өзүнө берилген жигиттерди тандап алып, чакан жоокердик топту түзүүгө жетишкен. Адатта, кыргызда мындай топту андагы адамдардын санына карабастан “Кырк жигит” деп аташкан. Кийин Торгой ушул жигиттери менен кыргыз урууларынын бириккен кошуунунун курамында калмактарга каршы далай жолу согуштук кармашууларга катышкан. Мындай учурларда Жаанбай, Жакшылык, Кудайбакты сыяктуу тууган ичиндеги жакын агалары, Түлөгул, Чолпоке,Ырыс, Бейшебай деген бир тууган ага-инилери Торгойдун жанында жүрүшүп, алыскы жана жакынкы жортуулдарга катышкан. Сырткы душманга каршы күрөш жалпы уруунун кары-жашына, аял-эркегине карабай, ар биринин милдети катары эсептелип, мындай нерсе көчмөн элдердин барына мүнөздүү болгон. Ар бир жигитке урушта кие турган атайын кийимдерди даярдоо талап кылынгандыктан айыл ичиндеги көптү билген, тикмечилик жаатында тажрыйбасы бар, колу чебер байбичелердин жетеги менен келин-кыздар ушундай кийимдерди тигишкен. Ичине кебез салынып, калың матадан бир нече жолу катталып шырылган бышык кийимдер сооттун ордуна кийилип, алар олпок же аккүбө деп аталган. Буларга кылыч же жебе өтпөй, жигиттерди жоо колунан ишенимдүү сактаган.

      Кыз-келинге баш болуп,
      кол оймокко маш болуп.
      Териден жаргак тиктирип,
      тигишин мыкты бүктүрүп.
      Олпок, күбө, чопкутту,
      эр жигитке кийгизип.
      Кайран Суксур энебиз,
      чебердигин билгизип,

      - деген саптар ошол замандагы аялдардын жоо кийимин даярдоодогу ролун көрсөтүп турат.

      Мындан сырткары жоого аттанып жаткан ар бир жигит үчүн күлазык даярдап берүү да аялзатынын милдети болгон. Күлазык курут менен талкандын аралашмасынан болуп, алыскы жолдо бузулбай сакталган. Күлазык кол чаначка салынып, аттанаар жактагы ээрдин кашына илинип коюлган. Бул айрыкча ат үстүндө баратып эле “шам-шум” этип алууга ыңгайлуу болгон. Алыска минилүүчү чыйрак, чыдамдуу аттарды тандап, согуш шарттарына үйрөтүп, таптап минүү да көп түйшүктү талап кылган.

      Калың бугу калмактан сүрүлүп. Тагай тукумдарынын басымдуу көпчүлүгү менен чогуу Кетмен-Төбөдө тиричилик кылып, кадыресе турмуш кечирип, бирде калмак кысымы, бирде коңшу уруулар менен боло келчү кармаштардын мезгили өкүм сүрүп турган мезгилде Торгой жарык дүйнөгө келип, ушул жерде өсүп жетилди. Торгой баатыр аталып, үйлүү-жайлуу, бала-бакыралуу болду. Эки аялдан көргөн Беккулу, Майназар, Бекназар, Бектемир жана Муса деген беш уулу бар экен. Кыргыз санжырасында Жаныбек хандын тушундагы Толубай сынчы жана Сансыз сынчы тууралу айтылып жүрөт.

      Санжыра варианттарынын биринде Сансыз сынчынын уруусу моңолдор деп айтылат. Сансыз сынчынын уулдарынын бири Кабырга ата өнөрүн улаган экен. Ошол Сансыздын жана уулунун сынчылык касиети өтө жогору болгондуктан, алардын өнөрү тууралу санжырада көп айтылат. Булардан тышкары алардын кийинки мезгилдерде деле айрым эл арасынан суурулуп чыккан кыраакы, айтканы айткандай келген сынчы кишилердин болушу айгине эмеспи. Ошондуктан санжырада мындай адамдарды, алардын ичинде Сансыз сынчынын өзүн да ар кайсы мезгилдин санжырачылары жалпылаштырып эле Санчы сынчы деп атай беришкен.

      Торгой да жакын агаларынын бири Кудайбакты сыяктуу эле балдарын Санчы сынчыга сынаткан экен. Ошондо улуу баласы Беккулуну “өрүшү толо мал болот. өсүп-өнүп, өзөндүү булакка тал бүтөт” дептир.

      Өзөндүү булакка тал бүтөт,
      өлбөгөн адам мал күтөт.
      Мал көрбөгөн куу жакыр,
      мал жайылып келгенде,
      айдап журтка жете албайт.
      Куурай чыкпас куу такыр,
      куурай чыгып бергенде,
      кулун чуркап өтө албайт.

      Бүгүн да Беккулу элинин (Каракөйнөктүн) аксакалдары бата бергенде “тал колдосун” дешет Ушуга байланыштуу күчтүү дубакөй, чыгаан молдо Көлбай уулу Абдыжалый молдокенин мындай дегени бар:

      -Жан-жаныбар барында,
      адамзаттын жанында,
      жүрүп турган кан болот.
      Ошол кандан жаралган,
      бүт дүйнөгө таралган,
      тоголок баш, айры бут,
      толгон түрдүү жан болот.
      Алладан бүткөн төрт түлүк,
      адамзатка жан шерик,
      өрүшүндө мал болот.
      Жараткан өзү жалгаган,
      жан баксын деп жаңдаган,
      өндүрүндө дан болот.
      Жакшылыкка жолдогон,
      жакшы адамды колдогон
      өзөндүү булак тал болот.

      – чынында эле ошол күндөн ушул күнгө чейин Беккулунун тукумдары малдуу, эгин-тегинге карк болуп келишет.

      Андан кийин Санчы сынчы Майназарды сындап:

      - Кара башыл ак чыгаар,
      ак таңдай чечен чыгаар,
      кармаганы кайыр чыгаар.
      Ат качырбас боз айгыр чыгаар,

      - дептир. Буларды эл ичинде Самсалы бий, Алматай олуя, Ысагаалы деп айтып жүрүшөт.

      Торгойдун Бектемир деген уулун карап туруп-“Бирөөнүн каргышына калган экен, мунуңдун тукуму бирден ашпас бекен”,-дептир.

      Бекназарды сындап жатып: - “Бул уулуңдун колу чөнтөгүнөн чыкпайт экен, Бекназардын тукуму чакан бир айыл болот”-деген экен.

      Торгойдун кичүү баласы Мусаны бирөөнүн көзү тийип калбасын деп, эл арасына алып чыкпай, үйгө киши келсе көрсөтпөй жүрүшчү экен. Бул жолу да Мусаны сынгчыга көрсөтпөптүр. “Дагы бир балаң бар экен, жашырбай алып чыкпайсыңбы”- дегенде сынчынын алдына алып келишиптир. баланы карап туруп,- “Бул уулуң же кубанганын, же кайгырганын \билдирбей, жылмайып турган “өңдү көрсө жүз тайды” бала турбайбы, тукуму деле өзүндөй болот,--деп сын бериптир. Мына ушундан кийин Торгой—Жараткан дүйнөмдү тегиз кылган менен тукумумду тегиз кылган эмес тура-деп кейип калчу экен.

      Беккулу атабыз Санчы сынчы айткандай малдуу, жандуу, баба дыйкан киши болуптур. Мунун барын ал өзүнүн таман акы, маңдай тери. талыкпаган эмгеги менен тапкан экен. Байлыгына жараша колу ачык, берешен, жоомарттыгы аркылуу элге белгилүү болуптур. Беккулу атабыз 4 деген санды жактырып, аны ырым тутуп жүрчү дешет. Дегеле кыргыз түшүнүгүндө “төгөрөктүн төрт бурчу”, “төрт тарабы кыбыла” , “төрт түлүк”, “төрт мезгил”деген аталыштардын ар бири өзүнчө сырдуу мааниге ээ эмеспи. Беккулу төрт уулдуу болуп, бирөө кичинесинде кырсыктап чарчап калыптыр. Курумшу, Бүтөбай, Шоңко деген уулдарынын ар биринин төрттөн баласы бар.

      Беккулу жылдын төрт мезгилине жараша көчүп-конуу учурлары болгондо ар бир уулуна эски журт, жаңы журттун ырымы дедиртип, мал сойдуруп, элге жылына төрт маал үлүш тамак бердирчү экен. Колунда жокторго, жарды-жалчы кембагалдарга каралашып, саап ичээрге уй, союшуна майда жандык ыроолоп турчу дешет.

      Беккулу атабыз бала көрбөй жүрүп, уулдуу болгондо баланы ырым кылып курумшу териге оротуп, ысымын Курумшу койгон экен. Ошол Курумшудан төрт уул: Ураалы, Койсойбос,Байбото,Бокбасар.

      Беккулунун Бүтөбайынан- Баястан, Карач, Мамай,Садык деген төрт уул.

      Беккулунун Шоңкосунан – Айман, Адыл, Балбак, Сүйөр деген төрт уул. Ошентип Беккулу атабыз ырым туткан төрт деген сан бекер эмес экен. Санжырачылар Беккулунун баянын кеп кылышканда Кабын тууралу да сөзсүз айта кетишет.

      Кабындын насили калмак экен, жортуулдардын биринде өспүрүм баланы олжолоп келишип, балага зар болуп жүргөн Беккулу багып алган экен. Кабын ушул үйдүн “оту менен кирип, күлү менен чыгып”, ак кызматын кылып жүрүп жетилет. Тирикарак, жумшаган жакка илгиртпей кете берген, ар иш колунан келген тың жигит болуп, Беккулунун ишенимине кирип, анын өз баласындай эле болуп калыптыр. Беккулунун мал-жанын көздөп, эсеп-кысабын алып, бул жагынан байдын санаасы тынч болчу. Кийин Кабын жылкычыларга башчы болуп, Беккулунун үйүр-үйүр күтүрөгөн жылкысына ээлик кылган экен. Жалаң эле чарбачылыкта эмес, үйүндөгү эмне маселе болбосун Беккулу байбичеси экөө Кабын менен кеңешпей иш кылышчу эмес экен. Эми, Кабын Беккулунун туугандары менен тең ата болуп, көпчүлүк учурларда алардын пикирлери менен эсептешпей, тоготпогон түр көрсөтүп, тоң моюндук кыла баштаптыр. Кабындын мындай кылык-жоругу Беккулунун туугандарына, айрыкча Майназар атабызга жакпай, алар ар кандай кептерди таратып, экөөнүн мамилесин суутууга аракет кыла баштаган экен.

      Беккулу атабыз адегенде анча маани бербей, Кабын тууралу айтылган кептерди кулак сыртынан кетирип, эч нерсе укпаган-билбеген киши болуп жүрө бериптир. Акыры Майназар келип Беккулуга Кабын тууралу ич күптү ойлорун айтып – “Эл ичинде айтылып жаткандарды уккан жоксуңбу? Сен укпасаң биз угуп, сен билбесең биз билип жүрөбүз. Биз мындан ары чыдай албай калдык. Кайдагы бир тексиз кул төбөңө чыгып алды. Кабын бүгүн төрүңдү ээледи, эртең төшөгүңдү ээлейт, өзүңдү жок кылат. Бүт мал-жаныңды, өрүшүңдү ээлеп алат”,-деп Беккулунун көңүлүн бузуп койгон экен.

      - Кулдун көзүн тазалат, болбосо мен өзүм жайлап салам, - деп Майназар чыгып кеткен экен. Беккулу бир топ күн эмне кылаарын билбей бушайман болуп, ары ойлонуп, бери ойлонуп Майназардын айтканын эп көрүп, Кабындан көңүлү кала баштайт. Анын айласын кандай кылам деп жүргөн күндөрдүн биринде айылга Жаркент тараптан Ош-Анжыянга соода кылып бараткан кербен келип калыптыр. Төөлөрүн чөгөрүп, жүктөрүн түшүрүп, кербендер 1-2 күн өргүп калышкан экен. Эки жактан келип жаткан элге соодасын кылып кербенчилер алек болуп жатканда Беккулу ата кербен башын мейман кылып, сыйын көрсөтүптүр.

      Иштин удулу келип турганын алдын-ала билген Майназар агасын өзүнчө сыртка чакырып чыгып –“Ушул кербен башы менен сүйлөшүп, Анжыянга мал айдаталы. Айдакчы кылып Кабынды кошуп берип, аны жолдон тындым кылып салгыла, кызматыңар үчүн айдалып бараткан малды аласыңар деп макулдашалы. Бул жагынан Кабын эч нерсе билбегендей болсун Бүгүн кеч менен чакыртып жибер, эртең үйгө келип калсын”,--деп агасын көндүрөт. Иш дал ошо Майназар айткандай болду.

      Беккулу ата кербен башы менен тымызын сүйлөшүп, экөө сөз бекитишти. Базарга сатылат деп тандалган жүз баш ирик кербен башынын көзүн кызартып, араанын ачканбы, айтор ал адам адам канына забын болуудан чочулабай дароо эле макул болгон экен. Эртеси эч нерседен шек албай демейдеги калыбында өзүн ээн-эркин сезген Кабын астындагы күлүгүн шартылдата бастырып жетип келди.

      - Ии. Кабын балам, кербенчилер келиптир, алар менен сүйлөшүп койдум, Анжыяндын базарына мал айдатайын дедим. Сен алар менен кошо барып малды соодалап, пулун алып кел. Ишенгеним жалгыз сенсиң. Бул ишке сенден башка киши жарабайт, -деди Беккулу ата шек алдырбай. Башынан Беккулунун сөзүн эки дебей көнгөн Кабын дароо макул болуп, эртеси жүз тандалма ирикти айдап алып, кербенчилерге кошулуп жөнөп кетти. Кербен көнгөн калыбында күндөп-түндөп жолдогу айылдарга токтоп жолун уланта берди. Күндөрдүн биринде бир чоң суунун жээгиндеги бадалдуу токойдун четине токтоп, жүк түшүрүштү. Күндүзү кербенчилердин баскан-турганы бузулуп, эки-үчтөн баштарын бириктире калып, сүйлөшкөндөрү да башкача болуп жатканын байкаган кыраакы Кабын бир шойкомдун болоорун сезип, атынын ээрин албай сак болуп жатты. Күүгүмдө шам-шум этип алышып, кечке улоо үстүндө келаткан соодагерлер тез эле уйкуга киришти. Анда-санда отундан таштап коюп, от четинде үч-төртөө кобурашып отуруп, бир оокумда алар да жантая кетишти. Кабын эч шек алдырбай уктап жаткан киши болуп жата берди. Түн ортосунан өтүп, асмандагы ай тоо башына жашынды. Жанатан ай нуруна чөмүлүп турган капчыгай ичи бир шойкомдун болоорун күткөндөй, ага тоо суусунун күр-шар эткен үнү кошулуп, ого бетер коркунучтун кучагында калды. Чакчайып көз ирмебей жаткан Кабын эчак эле өчүп калган от четинде жаткандар күбүр-шыбыр болушуп тура баштаганын көрүп ордунан шарт тура калды да атына ыргып минип, чаап жөнөдү. Ушуну эле күтүп тургансып, ээсинин ар бир кыймыл-аракетине көнүп бүткөн күлүк арышын керди. Бири-бирин ойготуп ызы-чуу түшкөн кербен ордунда кала берди.Артынан куугун болгон жок.

      Кууганда эмне кылышмак эле, Кабындын минген аты анык тулпар экендигине жолдо келатканда эле көзү жеткен кербен башы куугунду токтотуп койгон. Ал үчүн барынан жакшысы Кабын айдап келаткан жүз ириктин колунда калганы болду. Соодагер үчүн мындан артык эмне бар, Кабын аны мындан ары кызыктырбайт болчу.

      Кербендин кеткенине 5-6 күн болуп, тымызын иштин кынтыксыз бүтөөрүнө бөркүндөй ишенген Беккулу күндөгүсүндөй эле чоң шашкеде кымыз ичип отурган. Сырттан ат дабышы чыгып, удаа эле жылкынын кишенегени угулду. Бул добушту Беккулу кандай жүрсө да жаземдебей билет эле, бул Кабындын күлүгүнүкү. Аңгыча эле камчысын сүйрөп, кабагы түйүлгөн, жаалы катуу Кабын күйүккөндөн энтигип кирип келди. Көрөөрү менен Беккулунун колунан аягы ыргып кетти.

      - Бул эмне кылганыңыз, ата? Мени өлтүрүп, каныма забын болоюн дедиңиз беле? Мына, алдыңызда тирүү турам, эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз, эми аянбаймын,-деп кандай шашып кирсе, ошондой шашып чыгып кетти. Беккулу кыңыр ишинин бети ачылып, өлдү деген Кабын тирүү келгенине айласы кетип, заманасы куурулуп, бир далайга өзүнө келе албай отурду. Анан ордунан туруп, сендиректей басып үйдөн чыкты. Эч ким жок. Кабын бир орунда ойдолоп, дүүлүгүп турган тулпарына ыргып минип, эчак караан үзүп кеткен экен.

      Болгон ишти агасынан угуп Майназар Кабындын көзүн тазалап, биротоло кутулуу үчүн Жолчоро баштаган 3-4 жигитти жанына алып, болду болбоду тоодогу жылкы тарапка кетти деп Кабындын артынан түштү. Жигиттер чокмор баш, кабелтең союлдар менен куралданышкан, Жолчоронун колунда октолгон мылтык. Кабын күлүктүн оозун капчыгайга кире бериште тартып, бир азга шайбырлата бастырып келип, аттан түштү. Жалгыз аяк жол четиндеги көк шибердин үстүнө жата кетти. Түнкүсүн ат үстүндө узак жол жүргөн Кабындын дене бою талыкшып, көзү илинип кеткен экен, жакындап келген аттардын дүбүртүнөн, кишилердин бакылдаган үндөрүнөн чочуп ойгонгон Кабын үзөңгүгө бут салбай эле атына ыргып минди. Чукул кирип келген куугунчулардын бири Кабынды чокмор баш менен чаап калууга үлгүрдү. Чокуга шилтенген чокмор жаза тийип оң ийнин талкалап кеткен экен, ал сол колу менен оң ийнин кармап, бир жагына кыйшайып жөнөй бергенде Жолчоро аттан түшө калып, октолуп даяр турган мылтыктын милтесине чок коюп кармай берген экен. Түтүн бурап, ага удаа эле тарс эткен үн чыгып, Кабын ат үстүнөн кулап түштү.

      Кабындын сөөгүн жар түбүнө корумдап, күлүгүн жетекке коштоп алып, Майназар жигиттери менен кайра тарткан экен. Ич күптүлүк кылып көралбай жүрүшүп, Беккулу атабыздын бир туугандары Кабындан ушинтип кутулушуптур. Бул окуя эл Ысык-Көлгө кайтып келгенден кийин Сырт өрөөнүндөгү Калча деген жерде болуп өтүптүр.

      Торгойдун бир уулу Майназар атабыздын Жейренбай деген тондуу уулу, Жалгап, Курман, Эсир, Бокой деген уулдары бар. Жейренбай тууралу санжырада төмөндөгүдөй айтылат: Желдеңдин бийи Меңдегул уулу Карга Соно баатыр башчылык кылган жигиттердин коштоосунда Жуукунун чатында салбырынга чыккан экен. Кечке жуук Соно баатырдын эки жигити бадалдуу токойдун четинде үч жейрендин суу ичип жатканын, алардын жанында кичинекей жылаңач бала жүргөнүн көрүшөт. Адаттагыдан башкача көрүнүшкө таң калган жигиттер ок чыгаргандан чочулашып, кайра тартышат. Карга бий отурган чатырга шашыла кирип келген жигиттер көргөндөрүн айтышат.

      Карга бий менен Соно баатыр жигиттер айткан жерге күүгүм талаш барып, көргөн көздөрүнө ишенбей таң калып туруп калышат. Бийигирээк жарчанын түбүндөгү үңкүрдүн оозунда жейрендердин бири жылаңач баланы эмизип турган экен. Бир топко карап турушуп, жейрендерди чочутпай кайра тартышат. Эртеси таң заарынан Соно баатыр жигиттери менен келип акмалап турушса, бадалдын арасынан үч жейрен чыгып келип үңкүргө кирип кетишет. Сононун ишараты менен жигиттер үңкүргө жакындап келишкенде жейрендер үңкүрдөн чыга качып, токойго кирип кетишет. Жигиттер үңкүргө кирип барышып, баягы жылаңач баланы кармап алышат. Ошондо бала болгону 2 же 3 жаш чамасында болуп, бакырып ыйлап турган экен. Жейрендер 3-4 күн айылдын четинен кетпей айланчыктап, баланы жоктоп бакырып турушкан дешет. Карга бий – “Кайберен болуп туруп адам баласын асырап жүрүшкөндөрү бекеринен эмес”,-деп аларды атууга уруксат бербей коёт.

      Баягы бала Карга бийдин үйүндө тыкыр кайтарууда болуп, багылып жаткан экен. Ал акырындык менен адамдарга үйүр алышып, кийим кийгенге, тамак-аш ичкенге көнүп, тиричиликке аралашып кеткен экен. Карганын үйүндөгү табылып келген жапайы бала жөнүндө угуп, Кыдык атабыз ошол баланы сурап алайын деген ниет менен Карга бийдикине келген экен. Кыдык атабыз ошондо токсон жаштын жоон ортосунан өтүп калса да, карылыкка моюн бербей, ат үстүндө тың жүрүп, күүдөн-күчтөн тая элек кези экен.

      Карга бий кудасын кучагын жая тосуп алып, келишкен ак өргөөгө киргизип, сый көрсөтүптүр. Дасторкон үстүндө Кыдык атабыз келген жөнүн айтат экен: - Карга балам, кайыптан уулдуу болду деп угуп, ошол баланы сурап келдим. Кудай кошкон куда болуп турабыз, анын үстүнө неберем Торгой экөөң тең чамалаш келатпайсыңарбы, ошондон улам баланы “казыкбооч” кылып Торгойго ыроолосом деген оюм бар эле, эгер ушуга макул болсоң?

      Ошондо тикбагып, түз сүйлөп көнгөн Карга:-кайберен багып, кудай ыроологон баланы башынан эле өзүмө ыроолоп койдум эле чоң ата. Эгер капа болбосоңуз баланын ордуна күмүш ээ токулган аргымак тартуулайын, минип кетиңиз,- деп Кыдык атабыздын өтүнүчүнө башкача жооп берет.

      - Мейли балам, өзүн бил. Күмүш ээрлүү аргымак минчү убагым небак өтүп кетпедиби, булкунтуп аргымак оозун тартканга каруу-күч бар дейсиңби, -деп Кыдык бабабыз сыр алдырбай таарынычын ичине катып аттанып кетет. Ал кеткенден кийин Карганын энеси:- сен жаңылып, туура эмес иш кылдың балам. Таап алган балаң эмес, алмончоктой кызыбызды берип куда болуп отурабыз. Кыдык аке оңой киши эмес, бир уруу элдин атасы, Торгой баатыр ыйык көргөн журттун туткасы. Аны кайра чакырт, балам,- деген экен.

      Ансыз деле кыжаалат болуп турган Карга бий энеси менен акылдашып, айыл ичинен 3-4 - жаштагы бир кылка он бир баланы тандап алып, окшош кийинтип даярдап коёт. Бир жумадан кийин желдеңдин аттуу-баштууларын чакыртып, болгон ишти айтып-“Ага сураган баласын бербесем болбой калды, бирок сынап туруп берейин. Таап алса да, таба албай калса да бала Кыдыктыкы”-деп алар менен сүйлөшүп алгандан кийин Кыдык бабаны чакыртып алат.

      Жакшылап сый көрсөтүлүп, желдеңдин сакалдуу көкүлдүүлөрүнүн коштоосунда Кыдык бабаны окшош кийинип, окшош жоолук менен көздөрү таңылып турган балдарга алып келишет. Чогулган эл уй мүйүз тарта отурушкан экен. Карга бий-“Чоң ата, мына бул балдардын арасында сиз каалаган бала да турат. Ошол балаңызды жаңылбай таап алаар белеңиз”--дегенде Кыдык атабыз ордунан туруп, камчысын кемер куруна кыстарып, бир саамга кырка тизилип турган балдарды сыдыргыга салып карап көрүп, баягы жейрен эмизген баланы таап жетелеп чыккан экен. Ошентип бабабыз баланы айылына алып келип,- “Казыкбооч” кылып ал, балдарыңдын ортосунда “түйүн” болуп жүрсүн, мындан ары бул баланын аты Жейренбай болсун”,-деп Торгойго тапшырган экен. Ал өз балдарынын ичинен бала көрбөй жүргөн Майназарга ыраа көрүп, “майкөтөн” болуп артынан бала ээрчитип келсин деген тилек менен чоң атасынын аманаты деп тапшырыптыр.

      Кийинчерээк эки суунун кошулган жеринде ташка илинип калган бешикти таап алышат. Ушул жанагы баланын бешиги делет. Торгой баатыр Жейренбайды Майназарга бергенде ушул бешиги менен берген дейт. Кийин Жейренбай чын эле акжолтой болуп, Майназар атабыз бала-бакыралуу болгондо балдары Жейренбайдын бешигине бөлөнүптүр.

      Майназардын тун уулу Жалгаптын эки аялы болот Байбичеси Алба энеден –Самсалы, Адырбек, Бердигул, Чыныбек деген 4 уул, экинчи аялы Кенжекеден – Ниязбек, Садыр, Тай, Алый деген 4 уул. Ошентип, Жалгап атабыздын сегиз уулу бар экен.

      Самсалыдан – Эсенаман, Абылай, Жангир жана Чүрпө.
      Адырбектен – Ормон, Субан, Качыбек.
      Бердигулдан – Өмүркан, Эгемберди жана Бектай.
      Чыныбектен – Казыбек, Болгонбай, Орунбай, Алымбай, Толгонбай.
      Ниязбектен – Кул, Үрүс, Чыныбай, Жаңыбай, Бокмурун.
      Садырдан – Төлөгөн, Төрөгелди, Эсенгелди,Абайылда, Абадан, Ашыракман, Баястан.
      Тайдан – Кабей, Дабыке, Дөөлөтбай жана Сатыбалды.
      Алыйдан – Мамыркан жана Дады.
      Майназардын экинчи баласы Курмандан – Атагул, Бердикожо, Кеней жана Солтоной деген уулдары болгон. Аларды кыдык ичинде “Төрт Курман” деп коюшат.
      Курмандын Атагулунан – Жээнтай, Сарыбий, Алек, Мамек, Кобур, Булан, Балык, Мааткан жана Маана.
      Бердикожодон – Супатай, Стамбек, Суланбек, Абдыбек жана Мыкытай.
      Кенейден – Алматай жана Маалы. Алматай ажы жалпы көл элине кеңири белгилүү, XIX кылымдын экинчи жарымы - XX кылымдын башындагы кыдык уруусунун коомдук турмушунда маанилүү орунду ээлеген калыс, даанышман жана олуя инсан болгон.
      Солтонойдон – Чолпонбай, Алыбай,Урбай,Төрөбай, Чыңгыш жана Тайлак.
      Майназардын уулу Эсирдин тукумдарына келсек, анын Атакозу, Калмак, Карга жана Казак деген уулдары бар.
      Атакозудан – Тилекмат жана Бекмат.
      Калмактан – Кулубек менен Мартай.
      Каргадан – Өмүрзак.
      Казактан – Эшим.
      Майназардын Боко деген уулунан - Суранчы, андан Акун.
      Майназардын Жейренбайынан – Байсары менен Жоомарт.
      Байсарыдан – Баймырза, Токтогон, Калыш, Сатыш, Осек жана Токтобай.
      Жоомарттан – Кемпир жана Айылчы.
      Торгойдун дагы бир уулу Бекназардан – Кубат андан –Сарытай менен Шапай.
      Торгойдун уулу Бектемирдин – Досбол жана Усупбек деген уулдары болгон.
      Досболдон – Карымшак.
      Усупбектен – Асанкожо.
      Торгойдун кичүү уулу Мусадан – Айт, Борколдой, Жаманбай жана Эдилбай.
      Айттан – Самтыр. Борколдойдон – Кожоберди. Жайчыбек, Атан. Жаанбайдан – Таштанды, Жансары жана Элсары.
      Эдилбайдан – Кайдуулат

      Куржундун улуу баласы Түлөгул деп айтпадыкпы. Кетмен-Төбөдө туулуп, ошол жерде жүрүп эр жеткен экен. Куулук-шумдукту билбеген, бирок оокатка тың, чарбакер адам болгондуктан мал туягын көбөйтүп, байып кеткен экен. Ал жөнүндө санжырада:

      - Куржундун улуу баласы,
      төрт түлүккө бай болгон.
      Торгойдун даана агасы,
      төрт тарабы шай болгон.
      Кадимки Торгой баатырды,
      жортуулдарда колдогон.
      айчылык жолдо жүрсө да,
      азыгы кемчил болбогон.
      Төлгөчү, жайчы, сынчысын,
      ар кайсы жерден топтогон.
      Алдын-ала тастыктап,
      айтканы ката болбогон,

      -деп айтылат. Куржундун көзү өткөндөн кийин анын малы дээрлик Түлөгулдун колунда калган экен. Карындашы Эркеганды кушчу Тагаймат байдын уулуна бергенде калыңга келген үч жүз борукту Түлөгулдун короосуна киргизишкен экен. Жайдын толугунда ошол боруктарды бычтырып, анын кесепетинен анын баары өлүп калгандыктан эл ичинде Түлөгул “Борукчу” аталып кеткен экен.

      Ошол Түлөгулдан – Асан, Мырзабек, Касымбек, Стамбек деген төрт уул болгон.
      Түлөгулдун Асанынан – Токтокүчүк, Токтомуш жана Төлөн.
      Токтокүчүктөн – Теке.
      Токтомуштан – Ыман, Кулжыгач, Максүт
      Төлөндөн – Матек менен Кесек.
      Түлөгулдун Мырзабегинен – Жаныкул,Сүйүнбай, Котонбай, Берик.
      Жаныкулдан – Ормон.
      Сүйүнбайдан – Солтон.
      Котонбайдан – Орузбай менен Уржан.
      Бериктен – Сары, Чидер, Белек жана Кендирбай.
      Түлөгулдун Касымбегинен – Алтыбай, Ташыбек, Жанай жана Үсөнбай.
      Алтыбайдан – Кудайлат, Аким, Адыл.
      Ташыбектен - Моке, Чыныяр жана Данияр.
      Жанайдан – Жанызак.
      Үсөнбайдан – Садыр .
      Түлөгулдун Стамбегинен – Боктубай. Боктубайдан – Айтбай.

      Эми, Куржундун Чолпоке деген уулу жөнүндө кеп улайлы. Ал тың, мүнөзү курч, өткүр, шуулдаган шайдоот жигит экен. Чолпокени эл арасында алган-бергенди мыкты билген, бирди эки, экини төрт кылган, соода-сатыкка жакын уул деп билишчү экен. Чолпоке бир жылы Анжыянга мал айдатып соода кылып кайтып келе жатканда Таласта киши колдуу болуп набыт болот. Ошол Чолпокеден Сегизбай деген жалгыз уул калат.Сегизбайдан – Жакас, андан Чыныбек. Айдаралы, Күчүбай.

      Куржун атабыздын экинчи аялынан көргөн Ырыс менен Бейшебайдын баянына токтололу. Бул экөөнү кыдык ичинде “Жүдөө” дешет. Торгой баатыр калмакка каршы кыргыздын бириккен кошуну менен жортуулга чыкканда кошундун туусун алып жүрчү экен. Ал эми өзүнүн колун баштап жүргөндө тууну инилери Ырыс менен Бейшебай алмак-салмак алып жүрүшчү экен. Ырыс менен Бейшебайдын жүдөө аталып калышы ушул тууга байланыштуу болот. Бул тууралу санжырада бир нече варианттар бар. Торгойдун ушул эки иниси тууну алып жүрүшүп, байкоосуздан алдырып жибергени, дагы бир вариантта ашуунун белинде аттын куюшканы үзүлүп, ошону көктөйм деп тууну карга сайып койгон жерден алдырышат экен. Башка бир вариантта борошодо калып колдору үшүгөндүктөн жеңине катып, тууну карга сайып коюп ошондо алдырып жиберишет. Айрым санжырачылар тууну жортуулда эмес, көчүп баратканда алдырган деп айтышат.

      Илгери Жамангул бабабыздын тукумдарынан таралган уруулар жайлоону бирге жайлап, кыштоону бирге кыштап, көчүп-конуп тиричилик кылып жүрүшкөн экен Ар бир уруунун өзүнчө туусу болуп, бийик асабага ашталып, чоң ардак менен уруу башчысынын үйүндө сакталып турчу экен. Жоого каршы жортуулдарда, согуштук кармашууларда милдеттүү түрдө туу көтөрүлгөн. Ошондой эле чоң аш-тойлордо уруу башчысынын өргөөсүндө көтөрүлгөн. Бир уруунун эли узак жол басып, алыскы жайлоого көчкөндө бул “улуу көч” деп аталып, көчтү баштаган адам асабаны колго алып, туу көтөргөн. Туу алып жүрүү көчкө өзгөчө шаң берип турган. Бул жолу Торгой баатыр баштаган Кыдык тукумдары да жалпы бугу эли жайлаган Каркыра жайлоосуна көчөт экен.

      Туу алып жүрүү Ырыс менен Бейшебайдын милдети болгондуктан, Ырыстын уулу Байкиши асабаны колго алып, көчтү баштап жөнөйт.Ашуунун жонуна чыкканда асабаны карга сайып коюп, көчтүн арты келгенче эс алууну көздөп басып кетет. Так ушуну күтүп турган Белек уруусунан чыккан бир жигит тууну ала качат да, көч артында келе жаткан Торгой баатырга барып:

      - Баатыр, асабаңыз ашуунун белинде калыптыр, кыдыкта бир тыңыраак бала жокпу тууга көз салганга, алып кете берейин деп сизди сыйладым,-деп сөзгө сындырат. Торгой баатыр—“Байкиши өлүп калганбы, тирүү болсо кайда жүрөт?”,-деп ачууланып жигиттерин каарып кирет. Артынан жетпей чаап келаткан Байкишини көргөн тиги белектик жигит—“Баатыр, аны өлтүргөн эмесмин, тигине аман-эсен эле келатат”,-деп тууну бере коюп чаап кетет. Торгой баатыр инисинин баласын же уруп жибере албай же кууп жибере албай:-- “Жүдөгөн бир байкуш болосуң го”—деп ачууланган экен. Ушундан улам Ырыс менен Бейшебайдын балдарын “Жүдөөнүн тукумдары” деп атап калышат. Кандай вариантта кандай айтылса да тууну алдырып жиберишкени, Торгой баатырдын “жүдөгөн кудай ургандар” деп инилерин жемелегени да чындык.

      Куржундун Ырыс деген уулунан – Байкиши жана Жанкиши деген эки уулу болгон. Байкишиден – Өмүрбек, Атамбек жана Көтөн. Өмүрбектен тукум калбаптыр. Атамбектен – Алаш, Жунуш, Мааданбек, Арстанбек жана Сооданбек.
      Көтөндөн – Алыбай. Бул кишиден да тукум жок.
      Куржундун Бейшебайынан – Жолдубай, Жоошбай. Жолдубайдан – Сабай, Берикбай, Чөнөк.
      Жоошбайдан тукум жок. Жолдубайдын Сабайынан – Черик, Көчөк.
      Жолдубайдын Берикбайынан – Илип менен Күрүлдөй.
      Жолдубайдын Чөнөгүнөн – Тилеке андан Алакен.


                           НАРЫНГА КӨЧҮП КЕЛҮҮ. БЕЛЕК ХАН                                                                                                           (Мазмунга)

      Бугулар Кетмен-Төбөдө Белек бийдин башчылыгы менен кененчиликте жашап турганда буларга жанаша солто менен сарыбагыш уруктары да көчүп келип жайгашты деп айтпадык беле. Кетмен-Төбөгө келип чогулган Тагай тукумдарынын ортосунда ынтымак болбоду. Мунун башкы себеби, калмак кыргызды Ысык-Көл, Чүй, Таластан сүргөндө солто менен сарыбагыштарды Кошой менен Маматкул баштап, калмак менен салгылашып, аябай каршылык көрсөтүшкөн.

      Бул чапкында солто сарыбагыш чабылып-чачылып, мал-жандан көп чыгым болуп, Ысар, Көлөпкө чейин сүрүлүп, айла кеткенде Кетмен-Төбөгө келген эле. Кошой менен Маматкул калмакка каршылык кылбай алдын-ала көчө качканы үчүн Белекти күнөөлөп жүрүшкөн. Анын үстүнө Белектин калмак төрөсү тарабынан мөөр басылып бий болушу да аларга жаккан эмес. Белек бийдин да экөө менен мамилеси жакшы эмес эле. Мындан бир нече жыл мурун солтону Талкан бий башкарып турганда калмак төрөсү бугунун бийи Белекти жанына алып, Талкан бийдин айылын чаап алууга барат экен. Ошондо Талкан кечирим сурап, төрөгө кирет. Ошол учурда төрөнүн жанында Белек отурган экен. Төрө Талканды күнөөлөп,-“Белектин бутун өп, ошондо сага кечирим берем” -дептир... Талкандын жактырбай турганын байкаган Белек “Сен эмнеге чиренесиң, эми сенин Байболот уулуң жок”-деп кекетет. Талкан Белек бийдин бутун өбүүгө аргасыз болуптур. Ошентип Талкандын айылы аман калат экен. Белекке таарынган Талкан Сүттүү-Булак деген жерге көчүп кетиптир. Бир кездеги атасына жасаган ушундай окуядан улам Кошойдун да Белекке карата ич күптүсү күч эле.

      Туугандык жагынан Кошойго караганда жакындыгы бар сарыбагыш Үчүкө уулу Маматкул да Белекти көралбай , анын калмак менен болгон сый мамилесине ичи чыкпай, канчалык жакшылык кылса да баалап-барктабай, Белекке нааразы болуп жүргөн экен.

      Санжырада Белек бий Кошой менен Маматкулду өз-өзүнчө конокко чакырып алып. шылдыңдаганы тууралу айтылат. Күндөрдүн биринде Кошойду чакырткан экен. Ошондо Кошой 5-6 жигит менен барыптыр. Тентип жүрүп жигит ээрчиткенди ким коюптур деп Белек жактырбай тосуп алган экен. Конокторго козусун союп, шылдың ирээтинде Кошойдун жигити Дорбабашка бешбармак сугунткан болуп, томук кошуп берет. Белек мунусу менен Дорбабашты какатып, этти да адам өңдүү жей албайсыңар деп Кошойду мазактамак экен. Белектин мунусун сезип калган Кошой ыза болуп, Белектикинен ичине кек сактап узаган экен.

      Белек дагы бир күнү Маматкулду да конокко чакырып шылдың кылган экен. Ал мындайча болуптур. Чакырык алгандан кийин Маматкул кырк жигити менен келип түшөт. Ошончо кишиге Белек бир козу сойдурган экен. Бул сарыбагыштар үчүн шылдың болгон. Катуу арданып калган Маматкул Кошойго келип:-“Белек шылдыңкор, көпкөлөң болуп баратат. Кол курап барып чаап алып, элине кетирелик”-дегенде Кошой- “Азырынча коё тур, күтө туралы. Мине турган атыбыз жок, чаба турган кылыч жок. Ат кара тил болуп, көккө тоюнсун, Эрлер курсак алып ашка тоюнсун, ошол кезде көрө жатаарбыз”—деп болбой коюптур. Ошол кезде калмактан запкы жеп, чабылып, чачылган солто, сарыбагыш чынында эле оор абалда, оңоло албай, кара курсактын айынан тамак улап жан багып жүргөн экен. Бугунун жигиттери минген атын жыгып алып, малына жайыт бербей, кези келген жерде “тентип келген солто, сарыбагыш” деп басынтып турган.

      Ала шалбырт жаздын күнү экен. Бугулар адатынча күркүрөтө бозо салып, жоро ичип жатышыптыр. Төрдө суусар тебетейди чекесине баса кийип, кош жаздык жазданып Белек жаткан болот. Көк өгүзүн жайдак минип бозо ичкени Маматкул келип калган экен. Анын келатканын көрүп сыртта даарат ушатып турган бир жигит:-Маматкул келе жатат-деп кыйкырган экен. Бозого кызып калган бугунун жигиттери “Маматкул эмес эле Мээнеткул экен” деп күүлдөп жатышканын кулагы чалып калат. Маматкул эч нерсе укпаган киши болуп, өгүзүн боз үйдүн кырчоосуна байлап коюп салам айтып кирип келет. Үйдөгүлөр анын саламын алик албай, ит келдиби, киши келдиби дебей күүлдөп бозо иче беришиптир. Маматкул кайра чыгып кете албай, тизелеп отура калат. Ага бозо сунулбай, аны аттатып, өздөрү аяк кыдыртып иче беришкен экен. Бир убакта төрдө жамбаштап жаткан Белек жаңы көргөн кишидей болуп.- Оппа, Маматкул бий келген тура. Бийге бозо куйгула,- дегенде Маматкулга бир чоң аяк бозону карматышкан экен. Тизелеп отурган Маматкул кош колдоп аякты алып, бозону жута баштайт. Ошондо башындагы түлкү тебетейдин кырындагы карлар эрип, ичип жаткан бозосуна тама баштайт. Маматкулдун кыймыл-аракетинен көз албай жаткан Белек:

      - Эй, Маматкул аке, тебетейиңизди кагып коюп ичиңизчи жарыктык,--дегенде Маматкул унчукпай аяктагы бозону шыпкай жутуп, --“Тебетейди кагаар кезде кагаармын”,--деп туруп кеткен экен. Ошол боюнча Маматкул эртеси Кошойго келип, бугуну чабалы деп кол сураган экен. -“Атам Талканды ызаат кылбай бутун өптүргөн”,-деп башынан ич күптүсү бар Кошой: - “Мал көккө тойсун дебедим беле, шашпай тур, өч алабыз. Андан көрө убакыт барында башка тараптардан да жардам сура”,- деген экен. Маматкул андан ары Кошойдун кеңеши менен сарууларга, карабагыштарга коңшу саяктарга барганда Белектин калмакка кадыры артып баратканына жана бугулардын байлыгына ич тардык кылып жүрүшкөндүктөн “колдоо кылабыз” дешкен экен.

      Кошой айткандай мезгил келип, жайдын толуп турган учурунда Маматкул Кошой экөө колду жыйнап, бейкапар жаткан бугуну четинен чаба баштады. Саны жагынан алда канча көптүк кылып жаткан Маматкул, Кошойдун колуна туруштук кыла албай Белек бийдин айласы кетет. Ошондо ал саяктарга: - ортого түшүп калыстык кылып бергиле. Маматкулдун каалаганына көнүп, айыбын тарталы деп кайрылат. Ортого саяк түшүптүр. Буга чейинки Белектин кылык-жоругуна ыза болуп калган Маматкул менен Кошой: - Белек бизге байдын кыздарынан тогузду берсин. Карапайым букаранын кыздары жарабайт. Карадан айдап мал берсин—деп талап коюшат. Айла түгөнгөндөн бугулар макул болушат. Төрт байдын кызын солтого, төртөөнү сарыбагышка беришип, бир кыз ортого түшкөнү үчүн саякка берилиптир. Айдалып келген жылкыларды бөлүштүрүп, Кыздарды алгандан кийин Маматкул Белекке карап – “Актаман кыргыз дедиң беле бий, мына эми тебетейди силктим”- деген экен.

      Дагы бир санжырада бир кызды асык уруусуна, бир кызды жедигерге, бир кызды карабагышка, бир кызды сарууга, бир кызды кушчуга, бир кызды саякка, бир кызды солтого тартуулашыптыр. Бир кызды Түлкүнүн уулу Тынай алып, дагы бир кызды Маматкул өзүнүн уулу Темирге алып берген деп айтылат. Эл ичинде “Тогуз байдын тогуз кыз” деген сөз ушундан калган экен.

      Белек бий менен мамилесин биротоло үзүп, эми Маматкул сарыбагыштарды чогултуп, баш коштурууга киришти. Көп узабай эле ал ушул уруунун башкаруучусу болуп калды. Бугулар айыпка жыгылган ушул окуядан бир нече жыл мурун Кетмен-Төбөдө катуу жут болуп, малдын көбү кырылып, элдин жашоо-турмушу аябай эле начарлап кеткен эле. Буга кошумча болуп эгин-тегин айдалбай калгандыктан ачарчылык келип, оору-сыркоо каптап, эл ичинде өлүм-житим көбөйдү. Жан сактоонун айынан айрымдары эки жакка тентип кете баштаган эле. Белек бийдин айылынан коңшу урууларга айрыкча түнгатар саяктарына кыздарын арзанга саткан учурлары болду. Ошондон улам Кетмен-Төбөдөгү эл ичинде “Белектердин белен кыз” деген ылакап айтылып калган экен. Мына ушундай шартта Кетмен-Төбөдө мындан ары туруу кыйын болуп калгандыктан Белек бий калмак төрөсү менен макулдашып алып, элин Нарын бетине көчүрүп келген экен. Белектин айылы Оттуктун аягындагы Казан-Куйган деген жерде жайгашып, ал жерге Итбок менен Боокенин үй-бүлөлөрү да кошо келишкен. Ал эми Кыдыктын айылы Он-Арчанын ичине көчүп келип жайгашыптыр. Он-Арчанын кокту-колоттору ыктоо келип, күн эрте жылыгандыктан малга ылайыктуу деп Кыдык атабыз жактырып, айылын ушул жерге кондурган экен. Билгендей эле, арык-торук мал көккө эрте тоюнуп, оңолуп кеткен экен. Жайкысын Солтон-Сары, Көк-Торпокко чейин барып, малы эттенип Кыдыктын айылы бул жерге да бат эле ык алып кетти.

      Белек бий калмактын улук төрөсүнө байма-бай каттап, бара-бара анын ишеничине кирген экен. Ошол кезде калмак хандыгынын жергиликтүү ордосу Ысык-Көлдүн Оргочорунда турган экен. Калмак ханы Цеван Доржи өлтүрүлгөндөн кийин (айрым маалыматтарда аны коңурат Бөрү баатыр өлтүргөн деп айтылат). Анын ордуна Лама Доржи (1749-1753 жж.) коңтаажы болуп такка отурат. Бөрү баатырдын жардамы аркасында калмак хандыгынын жарлыгы менен Белек бийге “Кыргыздардын бийлөөчүсү” деген укук берилип, ак жибекке асыл таш чөгөрүлгөн күбөлүк ыйгарылган экен.

      Калмак хандыгынын жарлыгын алгандан кийин, кыргыздарда Белек хан аталып, бедели жогорулап, жалгыз Орозбактынын тукумдары эмес, жалпы эле Тагай тукумдарында таасири өскөн. Эми калмактардын айрым кыргыз уруулары менен болгон мамилеси жумшарып, айрыкча бугуларга карата талап-тоноочулук токтотулган. Бирок, тарых көрсөткөндөй Белек хан болгонго чейин деле, андан кийин деле кыргыз урууларынын арасында өз ара пикир келишпестиктер, бири-бирин чаап алуулар дайыма болуп турган. Булар кээ бир учурларда кыргындуу согуштарга чейин өсүп жеткен. Мисалы, Белек менен Маматкулдун ортосунда башталган карама-каршылык алардан кийинки башкаруучулардын тушунда ар кандай себептер жана шылтоолор менен улам курчуп отуруп, XIX кылымдын ортосунда Бугу менен Сарыбагыштын согушу келип чыккан. Мындай кагылыштар Солто менен Саяктын жана башка уруулардын ортосунда да болгондугун билебиз.

      Кийинчерээк калмак ханынын сунушу менен ордого жакыныраак болсун деп Белек Нарындан көчүп келип, көлдүн тескейинин күн батыш жагындагы Улахолдун Туура-Суусу менен Семиз-Белге жайгашып калат. Белек жаңыдан хан болгон кезде калмак ордосунун эсеби боюнча Ысык-Көл аймагында 12 бий, эл күзөтчүсү болуп, анын ноёндорунун баарысы жалаң калмактардан турган. Белек хан акырындык менен Кыргыз урууларынын арасынан айрым төбөсү көрүнгөндөрдү бийликке аралаштыра баштайт. Солто уруусунун бийи кылып Чаанын уулу Талканды, сарыбагыш уруусуна Темирдин уулу Черикчини бий кылып дайындаган экен. Бул экөөнөн башка дагы эки кыргызды бийликке алып келген деген маалымат бар. Мунун жыйынтыгында 12 бийдин төртөө кыргыздар болгон.

      Калмактын эл күзөтчүсү Оргу бийдин калмак ханы Лама Доржиге берген маалыматында 12 бийдин карамагындагы адамдардын саны 70375ти түзөт деп айтылат. Ошол элдин ичинде калмактардын ханлы, хошайт уруулары, уйгурлардын таранчы, таракты, ал эми кыргыздардан мундуз, таздар, чоң багыш, төбөй, кыпчак уруулары жашайт деп жазылат. Ал эми аркалык кыргыз уруулары жөнүндө эмнегедир айтылбайт. Балким алар Белек бийге таандык болгондуктан, Оргу бий алар жөнүндө маалымат бербесе керек.


                           КАЛМАК ОРДОСУНУН БУЗУЛУШУ. ЖУНГАР МАМЛЕКЕТИНИН ТАЛКАЛАНЫШЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Тарыхый маалыматтарга таянсак, XVIII кылымдын орто ченинде, Жунгар мамлекетинин хан ордосунда ырк бузулуп, бийлик үчүн так талашуу күрөшү башталган. Коңтаажы Галдан Церен өлгөндөн кийин анын артында Цеван Доржи, Лама Доржи деген уулдары жана Улам-байыр деген кызы калды. Кыргыздар бул кызды Олоңбайыр деп аташкан. Ал куу жана амалкөй болгондуктан мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, ордодогу калмак төрөлөрүнөн өч алып, алардын көздөрүн тазалоо жолуна түштү. Төрөлөр менен жалгыздап сүйлөшүп, “мен сага тием, сен аны өлтүр” деп ишендирип жатып, алар Олоңбайырды талашып бирин бири өлтүрдү. Хандын кызын талашып, Уленг-Канглы деген калмак төрөсү аны Таластын башындагы Ак-Дөбө деген жерге ала качып барат. Анын артынан Дабачи төрө жана Темирчи төрө деген баатырлар кубалап барышат. Ушул жерде Канглы төрөнүн 7 миңден ашык аскери, Дабачи төрө менен Темирчи төрөнүн 6 миңден ашык аскери кырылат. Уленг-Канглы азганактай кишиси менен Ысык-Көлгө качат. Мына ушундан “Он сан жаткан калмакты, Олоңбайыр кыз чаңдатты” деген ылакап кеп калган. Атасы өлгөндөн кийин калмак ордосунун хан тактысына 12 жаштагы Цеван Доржи отурду.

      Бирок, ал жаш, тажрыйбасы жок болгондуктан ордону анын эжеси Олоңбайыр башкара баштаган. Анын күйөөсү Сайн-Белек калмак аскерлеринин кол башчысы болгон.

      Арадан беш жыл өтүп, ордодо так талашуу башталды. Цеван Доржи 17 жашка толуп, эжесинен бийликти тартып алды. Анын буйругу менен эжесин зынданга салып, жездесин өлтүрүп коюшту. Жаңы коңтаажы Цеван Доржи атасынын убагынан бери келаткан ордодогу төрөлөрдүн жана бир катар зайсаңдардын көздөрүн тазалап таштады. Ырайымсыздыгынан Цеван Доржини эл “Ажаан” деп атаган. Бул коңтаажынын бийлиги 5 гана жылга созулуп, бир тууган иниси Лама Доржинин кутуму менен Бөрү баатыр колдуу болуп ажал тапты. Лама Доржи 1749-жылы такка отурду. Анын бийлиги деле узакка созулган жок.

      Лама Доржиден кийин 1753 – жылы анын жээни Амурсан (Амирсана деп да айтылат) бийликке келди. Ошол кезде Жунгарияда мамлекеттик бийликти аныктаган калмак феодалдарынын “дербен ойрот” (төрт ойрот) деп аталган уруу союзу бар болгон. Бул союзга кирген уруулардын башчылары Амурсанды тактан кетирүү үчүн өз ара бийлик талашуу күрөшүн баштаган. 1754-жылы Амурсан менен Дабачи зайсаңдын ортосунда куралдуу күрөш башталат. Так талашуу согушунда Амурсан жеңилип калып, Цын императору Хун-Лиден жардам сурап барат. Дабачиден өч алуу үчүн ал 50 миң жоокерди жиберүү туууралу макулдашууга жетишет. Кол башчы болуп императордун ишенимдүү адамы Бан-Ди дайындалат.

      Императорду Жунгарияны каратып берем деп ишендирип , өч алуу оорусуна чалдыгып, бийликке көзү кызарган Амурсан 1755-жылы 50 миң черүү менен калмак ордосун басып кирген. Дабачи талкаланды. бирок кыргындуу согуш калмак элине каршы улантылды.

      Амурсандын көз алдында күнөөсүз миңдеген жаш балдар, кары-картаңдар, аял-эркек дебей кыргынга учураган. кытайдын жардамы менен Дабачиден өч алып бийликке келем деген Амурсандын ою ойрон болгон. Хун-ли аны Жунгарияны каратып алуу үчүн курал катары пайдаланган. Амурсан анын түпкү максатын түшүнгөндөн кийин кытай кол башчысы Бан-дини өлтүрүп, түнү менен качып кетет.

      Кытай куугунунан баш калкалап, Амурсан Иле боюна барып туруп калат. Кытай бийлиги казактын ханы Абылайга аны кармап берүүнү талап кылганда Төбөлгө (Тобольск) өтүп, орус ханышасы Елизавета Петровна менен байланыш түзүүгө аракет кылат. Бирок, көп узабай Амурсан ооруп калып, 1757-жылы Төбөл шаарында каза болгон. Мына ушуну менен кыргыз тарыхындагы кайгылуу мезгил болгон калмак доору бүтөт да, басып алган аймактардан калмактар стихиялуу түрдө чыгып кете баштаган.

      Айрым калмак топтору Иле дарыясынан аркы жерлерде жана Текесте кала беришип, кыргыз жана казак уруулары менен чарбалык байланыштарын жана башка оош-кыйыш мамилелерин уланта беришкен. Тарыхый маалыматтарга таянып айта турган болсок, калмактардын Борбордук Азия аймактарынан көчүп кетүүсү негизи үч себептин натыйжасында болгон. Биринчиден, жергиликтүү кыргыз, казак жана уйгур элдеринин калмак баскынчыларына каршы башаламан түрдө да уюшкандык мүнөздө да тынымсыз жүргүзгөн күрөшү баскынчыларга тынчтык берген эмес. Экинчиден, калмак урууларынын союзунан (Дербен ойрот) түзүлгөн Жунгар мамлекетиндеги ички биримдик бузулуп, хан ордосундагы так талашуу күрөшү мамлекетти начарлаткан Мындай күрөш көпчүлүк учурларда кан төгүлгөн согуштар менен коштолгон. Үчүнчүдөн кытайлык Цинь- Манчжур империясынын Жунгарияга басып кирүүсүнүн натыйжасында калмактардын мурдагы кубаттуу мамлекети талкаланган.


                           КАЛМАКТЫН СҮРҮЛҮШҮ. КЫРГЫЗДАРДЫН ТУУЛГАН ЖЕРГЕ КАЙТЫП КЕЛИШИ                                                                                                           (Мазмунга)

      Калмактар кете баштады деген имиш-имиштер угула баштаганда Кетмен-Төбөнүн Коңур-Өгүзүндө жаткан Кошой Чүйгө киши жиберип, ал жерден кабар алат. Ошондой эле Өзгөн, Наманган, Алай тарапта жүргөн ар кайсы уруунун башчылары да туулуп өскөн жерге кайтып келүү максатында айрым-айрым, бирин-экин тың жигиттерди жашыруун жиберип, Талас, Жумгал, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ысык-Көл тараптарды чалгындатып көрүшөт. Бул аймактардын баарында калмактар акырындап, чет-четинен көчүп кете баштаган менен Таласта, Чүйдө, Ысык-Көлдө дале калмак төбөлдөрү тиешелүү аскерлери менен турушкан эле. 1758-жылы кытайлар калмак ордосун талкалагандан кийин кыргыздар да баш көтөрүп, калмактарга кол салып, аларды талап-тоноого өткөн. Таластан саруу Бердике баатыр 200 жигит менен келип, Чүйдүн Кара-Балтасындагы калмактын көп малын алып кеткен. Эр Солтоной 40 киши менен келип, Сокулукта жаткан Доңконой деген калмактын элин чаап, малын олжологон. Сарыбагыш Эсенгул баатыр 300 жигит менен барып, Тарбагатайдагы калмактарды чаап, көп жылкысын айдап, 20дан ашык сулуу кыз-келиндерин олжолоп келген. Ушул сыяктуу стихиялуу кол салуудан кийин, уюмдашкан ири кошундар түзүлүп, эми калмактын зомбулугун биротоло жоюу максатында согуштук аракеттер башталды. Ичкилик кыргыздарынын төбөлү Кубат бий башчылык кылган кошун 1755-жылы Кашгарды, Жаркентти жана башка аймактарды жунгарлардан бошоткон. Бул күрөш андан ары кулач жайып, Фергана өрөөнүндө калмактын зомбулугу жоюлган.

      Тынай уулу Атаке Анжиян тарапта чачырап жүргөн сарыбагышты баш коштуруп, кол курады. Таластан ооп, жер-суусунан ажырап бозгун болуп, Ташкенттин тегереги менен Анжиянда жүргөн саруу, кушчу жана жетиген урууларын Сырдыбай уулу Бердике, Кенже уулу Итим, Сайрам, Ташкент, Кетмен-Төбөдө жүргөң солтолорду Коңурбай уулу Жайыл, калмактан качып Жумгалдын тоолорунда корголоп жүргөн саяктарды алакөз Садыр, Кетмен-Төбөдөн сарууларды, багыштарды, катаган, кыпчактарды Жумабай уулу Сатыкей топтоп келип, Атакенин колуна биригип, кыргыз кошунун түзүшкөн. Кошундун саны 5000 киши болуп, Тогуз-Торо аркылуу Таласка бет алып, Ала-Бел менен Өтмөктүн ортосунда жыйналып турган. Кыргыз кошуну Таласты тез эле бошоткон. Мындан кийин Чүй тарапты чалгындап, Боом капчыгайынын күн батыш жагындагы Көк-Жар деген жерде “көп калмак жайлап жатат” деген кабарды алып, үч миң кишиден турган кол Ашмара суусун кечип, Чүйгө кирген. Жол бою эч кандай каршылыкка учурабай, Чүй суусунун ылдыйкы агымына келгенде калмактын Доргулу баатыры баш болгон калың кол кыргыз кошунунун алдын тосту. Ушул жерде кан төгүлгөн кармашуу болуп, эки тараптан тең көп киши навыт болду. Доргулу калган каткан жоокерлери менен Ысык-Көлдү көздөй чегинип кетти. Эртеси Атаке менен Бердике качкан жоонун изи менен Боом аркылуу жөнөп, Чүй суусунун жогорку агымындагы кең колоттун ичиндеги чоң өрөөнгө туш келишет. Бул үйдө Доргулу мас болуп жаткан экен. Атаке үйгө кирип, Доргулу менен кармаша кетип, анын курсагын жарып өлтүрөт. Доргулунун аялы менен эки кызы Атакеге асылып жатканда үйгө кирип келген Бердике ал үчөөнүн тең баштарын кыя чаап жиберет. Сары-Өзөн Чүйдөн калмактар кеткенден кийин Садыр, Жайыл, Итим баатырлар “жоонун арты тыйылы элек” деген ой менен кеңешип туруп, өз колун алып кайра тартышты.

      Атаке менен Бердикенин колу Чоң Кеминди калмактан тазалап, Тору-Айгырды ашып көлгө түштү. Сары-Камыштан кошун экиге бөлүнүп, Ысык-Көлдүн күңгөйүн калмактан бошотууга киришкен. Тынайдын уулу Атаке бий “Анжиян тарапта кол курап жатат” деген кабарды алып, калмактын жайлап турган жерлерин таштап, Көлдөн кете баштаганын көрүп турган Белек бий тынч жатып албастан, кырдаалга жараша аракет кылууга өттү. Солто, сарыбагыш, саруу, кушчу бийлеринин Белекке карата көз карашы башынан түз эмес эле. Анын үстүнө калмак ордосундагы так талашуу чыр-чатагынын кесепетинен ал жерде болуп жаткан окуяларды жакшы билген Белек бий эми мындан ары Ойрот мамлекетинин келечеги жок экендигин, анын күнүнүн бүтүп баратканын сезип турган. Көп узабай эле Белек бий ойлогондой болуп хан ордосу талкаланды. Убакытты текке кетирбей Белек бий Кетмен-Төбөдө калган бугулдардын билермандары Ажыбек баатыр менен Мендегул бийге кырдаалды түшүндүрүп, ата-бабадан бугу элине энчиленген Ысык-Көлдү сактап калуу, андагы калмактын таасирин тезинен жоюу үчүн кол топтоп келүү зарылдыгын айтып, уулу Алдашты эки жигит менен кошуп жиберет. Кетмен-Төбөдөгү Туума, Бапа тукумдары шашылыш кол курап, анын башына бапа Кенжебайдын уулу Садык баатырды коюп, көлгө жиберишет. Садык баатырдын колу Суусамыр аркылуу Жумгал, Кочкорду басып, Ысык-Көлдүн тескейиндеги Туура-Сууда турган Белектин айылына келди. Бул жерде буга чейин эле Нарындан, Көлдөн топтолгон бугунун колу турган эле. Колдун бир бөлүгүн Алдаштын уулу Шапак баатыр баштап, Ысык-Көлдүн тескейин бойлоп, калмакты терип, Каркырадан өткөрүп, Кызыл-Кыяны ашыра сүрдү. Куржундун уулу Торгой баатыр, Кенжебайдын уулу Садык баатыр баштаган жигиттер Талды ашуусун ашып, Кара-Кужур аркылуу көлдүн сырт өрөөнүнөн калмакты сүргөн.

      Ысык-Көлдөн калмак кеткенден кийин Атаке баатыр кайра Анжыян тарапка кетет. Бердике баатыр болсо үч жылдай Көл аягы Көтмалдыда туруп калат, ушул жерден үйлөнүп, тегерек-четтегилерге бийлик кылып турган. Кийин саруу уруусунун тубай уругунан чыккан Сатыбалды деген тууганын өз ордуна калтырып, жигиттери менен Таласка кайтып кеткен экен.

      Таласта, Чүйдө жана Көлдө турган калмак төрөлөрүнүн каршылык көрсөтүүлөрү ийгиликсиз болуп, калмак колу талкаланып, мунун айынан көпчүлүк калмак бытырап, баш-аламан качып бараткан калмактын көчүнө, айдап бараткан малына кол салып, жаш балдарын, келин-кыздарын олжолоп, жылкы тийип айдап келген учурлар көп болгон.

      Кыргыз урууларынын ойроттор менен болгон кармашуулары XV кылымдан башталып, XVIII кылымдын ортосуна чейин бирде басаңдап, бирде күчөп, узак мезгилди катмыйт. Бул доор кыргыз тарыхында өзүнө жараша белгилүү бир из ькалтырган. Кыргыздардын калмактар менен болгон күрөшү кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгында кеңири чагылдырылган. Даңазалуу “Манас” дастанында, ошондой эле “Эр Табылды”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” сыяктуу баатырдык эпостордо тарыхый окуялар көркөм баяндалат. Кыргызстандын аймагындагы бир катар жер-суу, тоо-таштардын “Калмак-Төр”, “Калмак - Ашуу”, “Калмак арык”, Калмак жайык”, “Калмак тектир” жана башка ушул сыяктуу аталыштары бул жерлерде калмактардын жашап, тиричилик өткөрүп турганынан кабар берет. Кыргыз урууларынын түзүлүшүнө да калмак доору айрым өзгөрүүлөрдү алып келди. Кээ бир урууларга түпкү теги калмак болгон уруктар кирип, аралашуулар жүрдү. Азыркы учурда ар кайсы айыл-кыштактарда чакан топтор түрүндө жашап турган жана жергиликтүү эл тарабынан же калмак, же ушул уруктун теги калмак болгон деп айтылган ата-бабасынын ысымы менен аталып жүргөн этнографиялык топтор бар. Мисалы, Чыйжың, Алдүн, Күңэлек, Баштык, Бешкалмак, Боркок уулу, Беш күрөң, Байкалмак, Эсенбай уулу жана башкалар.

      Кыргыздын алгачкы тарыхчысы Белек Солтоноев мындай дейт-“Азыркы кыргыз арасындагы калмак төрткө бөлүнөт:

      1. Калмак-кыргыз согушунда кыргыз жеңилгенде калмактар кыргыздын келин-кыздарын, балдарын олжолоп алып кеткен соң 20-30 жылдан кийин алардан кайра качып келгендердин тукуму.

      2. Кыргыз Анжыян, Алайга качып кеткенде калмактын малын багып, оокат кылып жүргөн кыргыздын кээ бирлерин кыргыз жеринен сүрүлүп кеткенде аларды эрксизден калмак ала кеткен. Көбү анда калып, кээ бирлери кайтадан качып келгендери мындагы туугандарын издеп таап кайта алып келгендердин тукуму.

      3. Калмак менен согушуп жүргөндө аларды аттан түшүрүп калгандардын тукуму.

      4. Кыргыз кайтадан бул жерге Алайдан келип, орношкондон кийин калмактын артынан кубалап барып, жылкы тийип, кыз-келинин алып, эркектерин олжолоп келген. Ошолордун тукуму (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп, 126-127-беттер. Б,. 1993).

      Күңгөйлүк элдин башында турган Темир баатыр качып бараткан калмактардын астын тосуп:

      - Эл ичинде эл калса,
      элге сиңип, эл болсо,
      эзели жараар керекке.
      Журт ичинде журт калса,
      журтка сиңип жуурулуп,
      жүрсө тиер керекке,

      - деп бир топ калмакты алып калган экен.

      Ысык-Көлдөн кеткенден кийин калмактардын айрым топтору Иленин башына жана Текестин аркы бетине барып жайланышып калган. Мына ушул жерлерге чейин кыдыктан Торгой баатыр, бападан Садык баатыр, желдеңден Боогачы баатыр жортуул кылып, калмактан жылкы тийип, туткун алып турушкан. Буга бир мисал, эр көкүрөк жигиттердин бири Шабото уулу Берик Текестеги калмакка барып, жортуулда бир бала ала келип, аны Бериктин уулу Жанузак асырап алат. Ошол баладан туулган Абийир жалпы кыдыкка белгилүү тың жана чечен адам болгон. Белек Шапак баатыр да калмактан Чүрүм деген баланы алып келип, багып алат. Бирназар бий Бурбужалды асырайт. Мындай асыранды балдардын тукумдары өз балдардан кем болбой, элге белгилүү инсандар болуп чыкканын билебиз.

      1758-1760-жылдарда солто,сарыбагыш, саяк, саруу, кушчу урууларынын билермандары Кетмен-Төбөгө чогулуп жыйын кылып, элди кайрадан ата-бабанын киндик каны тамган, туулуп-өскөн жерине көчүрүп кетүү жөнүндө макулдашып, ушундан кийин ар бир уруу чет-четинен көчө баштаган экен. Саруу, кушчу, кытай уруулары ата-бабанын конушу деп Таласты бүт, чыгыш жагы Меркеге чейинки аймакты ээледи. Ошол кезде булардын башында кушчу Кенженин уулу Итим баатыр болгон, кийинчерээк анын уулу Бүргө баатыр башчылык кылып турду.

      Кошойдун уулу Жамансарт бийлик кылган солтолор батышы Меркеден тартып, чыгышы Ысык-Атага чейин Сары Өзөн Чүйдү ээлеп көчүп келди.

      Башынан бери Кетмен-Төбөнү ээлеп турган саяктын түнгатар тукумдарынын айрымдары ошол жерде кала берип, алты аталуу саяктын калган уруулары Ак- Талаа, Тогуз-Торо, Жумгал жана Суусамырга кайтып келишти. Булардын башында Мурат Алдакоргон бий, Түлкүнүн Качыкеси, Жанболот уулу Рыскул бий, Садыр баатыр сыяктуулар турган.

      Үчүкөнүн уулу Маматкул бий менен Түлкүнүн уулу Тынай бий, анын уулу Атаке баатыр башында турган сарыбагыш эли батышы Ысык-Атадан тартып, чыгышы Кичи-Кемин, Чоң Кеминге чейинки Чүй өрөөнүнүн бир бөлүгүнө, Ысык-Көлдүн батышынан Кочкор, андан ары Нарындын түндүгүндөгү тоолорго чейинки ата-бабалар жердеген аймактарга кайтып келишти.

      Эл Ысык-Көлгө келээрден мурда Сырт бетинен калмактарды сүрүп жаткан учурда Торгой менен Садык баатырлар Нарын суусунун башына чейин барып, ушул жерде калмакты камап турду. Экөө кеңешип алып, калмактын көчүн суунун эки айрыгынан өткөрүп жиберип, күтүрөгөн жылкысын алып калышкан экен. Таланып-тонолбой, чабылып-чачылбай калганына каниет кылган калмактар жылкыга кайыл болуп, кете беришкен экен.

      Тарагайдын ичи суук болуп, малга да, жанга да кыйын болгондуктан, ал тарапка барбай, Торгой менен Садык жылкыны Эки Нарында кармап турушту. Алар Кетмен-Төбөгө жигиттерден жиберип, Ысык-Көл бошоду, ээн жатат деп кабарлап элдин Ысык-Көлгө көчүп келүүсүн табыштап, эл келгенче Эки-Нарында тура бермек болушту.

      Белек бий элди көлдүн көкүрөгүнө көчүрүп, Каркырага келип жайгашты. Анын артынан Кыдыктын айылы Он-Арчаны таштап, Оорук-Там, Кара-Саз аркылуу Сырт бетин сыдырып, Балгарт өрөөнүн басып өтүп, Барскон ашып Көл бетине түштү. Булар да кең Каркырадан орун алышты. Садык баатырдын жиберген кишилеринен Ысык-Көл күңгөй-тескейи менен бош жатат деген кабарды алгандан кийин Кетмен-Төбөдө жаткан бапа, туума тукумдары да козголду. Бул жердеги саяктын ич ара келишпестигинен араң турган Шыкмамат саяктары кошо козголуп:

      -Калмактан качып жердедик,
      Кетмен-Төбө, Алайды.
      Оксүп, кемип, бөксөрүп,
      өткөрдүк баштан далайды.
      Кордук көрүп жүргөнчө,
      козголуп мындан кетели.
      кең Каркыра, Ысык-Көл,
      туулган жерге кетели,

      - деп калың көч биринин артынан бири убай-чубай ата-баба конушун көздөй алыскы жолго чыкты.

      Бул бугу элинин калмак чапкынынын кесепетинен ата-конуштан безип жүрүп, көп жылдан кийин Ысык-Көлгө үчүнчү ирет кайтып келиши болгон. Биринчиден, Арык мырзанрын жетекчилиги менен XVI кылымдын аягында келишкен экен, мында Орозбактынын беш уулунун тукумдары көчүп келишкен. Орозбактынын тукумдарынын көлгө келишине байланыштырып, окумуштуу-тарыхчы С.Аттокуров: -“Бугу уруусу Ысык-Көлдүн чыгыш жагында экинчи жолу “Кайра жаралды” дейт. (С.Аттокуров. Кыргыз санжырасы. 113-б,. Б 1995-ж). Бул азыркы бугу уруусунун башаты деген сөз.

      Экинчиси, калмактын кезектеги чапкынынан кыргыз башы Ысар, Көлөп, Каратегинге, аягы Анжыян, Алай, Кара-Кулжага чейин сүрүлүп барганда, XVII кылымдын аягында Бөрү баатырдын демилгеси менен бугулар кайрадан Ысык-Көлгө келишет. Жамангул уулу Белек бий болот.

      Үчүнчүсү, коңтаажы Галдан Церендин чапкыны башталганда, Белек бий бугуларды алдын-ала Кетмен-Төбөгө көчүрүп кетип, ал жерде бир аз жыл тургандан кийин бугунун бир бөлүгү Нарынга көчүп, бир бөлүгү Кетмен-Төбөдө кала берген. Калмака кеткенден кийин бугулар эки агым менен Нарындан жана Кетмен-Төбөдөн Ысык-Көлдүн Каркырасына, Сары-Жазга кайтып келишкен.


                           КАРКЫРАДАГЫ ТОЙ                                                                                                           (Мазмунга)

      Ата конушка келдик деп, кийин Белек Каркырада жалпы Бугунун башын коштуруп, чоң той өткөрөт. Тойго солто, сарыбагыш, саяк, черик, моңолдордон, коңшу казактан Текестеги калмактан көп эл чакырылып, Каркыранын түзүндө каз катар үйлөр тигилди. Тойдун чыгымын жалпы бугу көтөрүп, казысы таман жылкыдан, семиз ириктен арбын союлду. “Ала-Тоодой” эт тартылып, “Ысык-Көлдөй” чык куюлду. Ушул тойдогу Суксур энебиздин сарамжалдуу аракетине байланыштуу санжырачы карыялардын айтып жүргөн жери бар: - анда тойго союлуучу мал ар бир ата уулуна бөлүнгөн экен. Ошондо, Кыдыктын айылына да бир нече жылкы жана ириктерден союп, конок күтүү жагы тапшырылган экен.

      Күн болжоп туруп, үч күндөн кечикпей союшка деген малды айдап келүү тапшырмасы берилет. Айдакчы жигиттер жөнөп жатканда Жаанбай атабыздын байбичеси Суксур энебиз—“Текирең таскак менен катуу айдап келсеңер жакшы болот эле”,--деп өтүнгөн экен. Ошондо жигиттер-“Бу эмне дегениңиз, жеңе, семиз мал кызыл май болуп калбайбы”,-дегенде-“Хан акебиздин тою келди-кеттиси менен үч күнгө бараар. Келген эл ичип-жеп кете берет. Ошол кызыл май болгону жакшы. Сорпонун майын казан башынан калпытып алып, бала – бакыраны бакпайбызбы”,--деп катуу табыштаган экен. Айдакчыларга эмне, айткан мөөнөттө союлчу малды айдап келип, түгөлү менен тапшырып бериптир.

      Энебиз казан башында эт бышырып жаткан жигиттердин жанына аяк, сузгу карматып, бирден келин коюп, чыккан майды калпытып, карынга куюп, сактап алгыла деп катын-калачка таратып берген дешет.

      Той таркагандан кийин Белек бийдин заңкайган ак өргөөсүндө бугунун аттуу-баштуу аксакал, көксакалдары чогулуп, үй ээсинин акылы менен кеңеш курушту. Бул жерде бугу ичинде “киндик каным тамган, мен да көлдүк болуп калгам” деген айрым башка уруулардын билермандары да отурушту. Кеңеш куруунун себеби, бар эле, тээ илгери, Алсейит бабадан бери жайыты жамаатташ, кою короолош, бири-биринен оолактабай, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, доону бирге доолашып, жоону бирге жоолашып келген бугу кечээки калмак жапырыгы башка салган капсалаң жылдарды баштан кечирип, чабылса да, чачылса да, акыры ата-бабанын киндик каны тамган жерге кайтып келип отурат. Ал кез башка эле, азыр башка. Түбү бир атанын балдары, ал кездерде азганактай түтүндөн куралып, ар бир ата уулунун өз жайыты болуп, өз малын багып күн кечирип келишкен эле. Жайы-кышы жайытына жараша малы болуп, жайыт жер кенен, тиягы Текес, Кундуз. Жылдызга чейин, биягы көлдүн баш-аягы, Күңгөй-Тескейи, Сырт, Ак-Шыйрак, Сары-Жаз, Нарындын башы Үзөңгү –Куушка чейин ээлеп, көп жер, көп аймак бош эле. Ошондой кенен аймактар жатса деле барганы барып, барбаганы барбай , жайкысын кең Каркырага батып, кышкысын ылдыйлап келип, тоо этектеп, кокту-колоттордогу кыштоолорго кыштап келишти эле.

      Андан бери көптөгөн жылдар алмашып, бул аралыкта эл башынан далай-далай окуялар өтпөдүбү. Бирөө кетсе, бирөө келип, далай муун алмашпадыбы. Орозбактынын тукумдары эле ошол кезден бул кезге чейин жети муун өткөрүп, жети ата чегине жетти. Башка баш кошулуп, укум-тукум өстү. Канат-бутак жайылып, алыстан, жакындан куда-сөөк күтүп, аралык алыстады. Бир атанын уулу эле түтүнү арбып, ага-ининин балдары деп өз энчиси өзүндө болуп, алыс-жакын менен өз алдынча катышып, кечээки ага-тууган бүгүн тең ата тууган болуп чыга келди. Адам көбөйүп, ага жараша мал көбөйдү, айрыкча кара малдын, ириде жылкынын башы өсүп, жайыт тарып баратат. Мындайда жайыт талашып, ич ара нааразылыктар чыгып, урук менен урук чабышып эл биримдигине жарака кетиши мүмкүн.

      Мындан тышкары тигил же бул урук деп союл көтөрбөй, жалпы көл эми деп биримдикке алып келчү жагдай бар эле. Жүз жылдан ашык созулган калмак коогалаңынан башка уруулар сыяктуу эле бугу уруусу да жаңы эле кутулбадыбы, зор кыйынчылык менен нечен азап-тозокту баштан кечирип, акыры Ата журтка келбедиби. Өз-өзүнчө бытырап жүрүп кыргыз эмне муратка жетти. Жоо менен жан аябай кармашып жүрүп, Жамангул баатыр атабыз сыяктуу канчалаган эр-азаматтар шейит болду. Бир муштумдай түйүлүп, бир күч болуп, азганактай болбой көп болуп, жоого каршы турганда калмактан кыргыз сүрүлүп кетпейт эле.

      Ошол үчүн Орозбактынын тукумдары жеринин чегин, элинин санын аныктап, анан барып жалпы бугу болуп кеңири аймакта бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак ошондо муратка жетебиз. Кенен деп бир Каркырага тыгылбай ансыз да батпай бараткан мал менен жанды көлдүн ичи менен тышына жайгаштырып, ата-бабанын мурасы болгон Ысык-Көлүбүздү көздүн карегиндей сактап, ошого ээлик кылып, көөдөн керип, кең-кесири тиричилик кечирүү ичкен суу менен жуткан абадай зарыл болуп турат. Ошондо гана каруу-күчүң толуп, дымагың кең болуп, башкаларга тең болуп, жалпы кыргыз журтунун кызыкчылыгы, ынтымагы менен биримдиги үчүн билек түрүп чыкканга мүмкүнчүлүк ачылмак. Калмак бийлигинин тушунда Белек хан болуп турса да ынтымактын жоктугунан арка кыргызына эле эмес, бугунун өзүнө да текөөр боло албай калбадыбы.

      Мына ушинтип Белек бийдин үйүндө ушул жагдайлардын алкагында сөз жүрдү.Ушул жерде отургандардын эң сакалдуусу, токсонду таяп барып калган, көп жашап, көптү көргөн Кыдык атабыз эле.Иниси Белек бий бир чети күн мурунтан агасы менен айтыла турган кептин өзөгүн макулдашып алгандыктан, экинчи чети сакалдуу деп ата салтын сактап, сөздүн башын Кыдык атага ыйгарды. Мунун да жөнү бар эле. Кенедейинен калмак чапкынына туш келип, атасы Жамангул баатырдан ажырап, жетимчиликтин каарын тартып жүрүп, жерден боорун көтөргөндөн бери дээрлик жетимиш жыл үзөңгү тээп тизгин чоюп ат жалында жүргөн Кыдык атабыз нечендеген чабыштарга катышты, кыргыз тараптан да, калмак тараптан да нечендеген көк жал баатырларды көрдү, сандаган адам өмүрлөрү кыйылган согуштарда жүрүп, анын азап-тозогу менен кайгы-муңун баштан өткөрдү. Ара-чолодо эл тынчый калып, башкалар тирүүлүктүн камында жүргөндө, бул киши журт камында жүрдү. Кара-Кулжа, Кетмен-Төбө, Нарынга чейин Жамангулдун тукумдары жер кезгенде ага-тууганды кем кылбай бары-жогуна каралашып, жетим-жесирди темселетпей, үстүнө үй, астына ашын камдап берип, жыйып-терген байлыгын ошого жумшады. Андай-мындай болгон айрым учурларда бир ата эл айласы кетип турганда керектүү кеп-кеңешин берип, кээ бирде жылуу жумшак, кай бирде катуу бирок, калыс сөзүн айтып, туңгуюктан алып чыгыпп кеткен жол тапкыч жөн билгилиги бар эле. Солто, сарыбагыш, саяк арасында да таанымал, кадыр-барк күткөн аксакал катары сыйлуу эле. Ошол себептен, Кыдык атабыз катышпай Жамангул тукумдарында бир да маанилүү маселе чечилчү эмес.

      Бул жолу да ата салты боюнча Кыдык ата кеп баштап, күнү бүгүн Орозбакты тукумдары Көл айланасын Сырты менен, алыскы Текес, Кулжага чейин ээлеп, ар бир урук өзүнө тийген аймакты алды-кийин нааразы болбогондой кылып, калыстык менен тактап алуу керектигин кыска жана таасын айтып, талкууга жем таштады. Ошондо бул же тигил уруктардын билерман-башчылары сүйлөп, айрымдары орунсуз, айрымдары омоктуу ойлорун айтып, ийри отуруп, түз кеңешип, айтылган пикирлерге ой калчап, кеп түйүнүн жандырып отурушуп, жалпы Орозбакты тукумдары мындан ары кайсы аймак, кайсы чөлкөмдү ээлеп жайгаша тургандыгы чечилип, бир бүтүмгө келишти. Жалаң эле Орозбакты тукумдарынын эле эмес, алардын арасында жүргөн башка уруктарды да эске алышты.

      Орозбакты ичинен ата салты улуу эмеспи деп, көл башында Тасманын берки бетинен Челпекке чейинки жерлер Түргөн, Сары-Жаз, Текес, Кулжага чейинки кеңири аймак Арык тукумуна берилди.

      Көл аягында Нарын бетиндеги Тынымсейитке жакын болсун деп Мортук тукумдарына мурдатан эле жайгашып келаткан Тоң, Коңур-Өлөң, Ала-Баш калтырылды.

      Андан бери батышы Тосор суусунан, чыгышы Жууку суусунун сол тарабына чейин Туума тукумдары ээлик кылмак болду.

      Бапа Кенжебайдын Садыгы мурдатан уруулаштарын Басрконго алып келип жайгаштыргандыктан алардын ордун козгобой ошол жерде кала беришти.

      Батышы Жуукучактан тартып, чыгышы Жети-Өгүз суусуна чейинки ою менен тоосун Кыдык атабыз бала-бакырасы менен, Белектин “майда Белек” аталган тукумдары алмак болушту.

      Андан бери Жети-Өгүз Кол башындагы жерлерди, Тасмадан Өрүктү, Шаты, Сары- Булак, Күрмөнтүгө чейин Белектин “Чоң Белек” аталган балдары, алар менен чогуу жүргөн Итбок, Бооке тукумдары, Асан, Кара, Токоч мырзалардын тукумдары ээлик кылышты.

      Ардам (Боор) эли көлдүн күңгөйүндө Корумдунун айланасын ээледи. Көлдүн күңгөйү жалдуу Каба заманынан бери бугуга жамаатташ жашап келген саяктын айрым Түнтөй, Шыкмамат тукумдарынын жердеген жери деп таанылды.

      Булардан тышкары кыдык ичиндеги кыпчак, кушчу топтору, белек ичиндеги Жети-Өгүздө дөөлөс, кытай, мундуз, коңурат, Түптө мундуз, моңолдор топтору да эске алынган экен.

      “Карында калган хан Белек” демекчи, калмак кеткенден кийин деле Белек көзү өткөнчө жалпы бугуну башкарып турду. Ал тургай көзүнүн тирүүсүндө балдарынын ичинен үчөөнө – Толубайга, Алдашка жана Токойго жерин аныктап, аймактарды бөлүп берип, ар бирин ошол аймакка бий кылды. Толубай Тоң тараптагы аймактагы элдин бийи болду. Калгандары Жети-Өгүз менен Көл башындагы аймактарды башкарып турушту.


                           КЫДЫК БАБАНЫН ДҮЙНӨДӨН КАЙТЫШЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Кудай таалам бирөөнө узун, бирөөнө кыска өмүр дегендей, ар кандай жашты берет экен. Кыдык бабабыз бир кылымга тете өмүр сүрүп. далай жамандык менен жакшылыктарды көрдү. Бул жамандык деген кааласаң да, каалабасаң да башына келе турган мүшкүл экен. Ошол ар кандай жамандыктардын ичинен ажал дегениң кары-жашыңа карабай бул жарыкчылыктан алып кете турган өзгөчө катуу,өзгөчө жаалдуу. ырайымсыз, таш боор көрүнүш экен. Мындан эч ким моюн толгоп кете албайт, анын чеңгелинен эч ким кутулуп кеткен эмес. Ошондуктан “ажалдын колу узун, жолу кыска”, “бул дүйнөгө жаралып келдиңби, бул дүйнөдөн кайра кетесиң”, “өмүр барда өлүм бар” дегендей “өлүм кайып” деп бекеринен айтылбайт экен.

      Төрөкочкордон калган жалгыз туяк, кичинекейинен колуна алып, тарбия-таалимин берип, эл аралатып өстүргөн Куржун бул дүйнөдөн эрте кете берди. Дагы кудайга шүгүр, артында эки аялдан Түлөгул, Торгой, Чолпоке, Ырыс, Бейшебай деген беш уулу калды. Капилет келген кырсык жаманчылыкты коштой келип, адам өмүрүн алганы өтө эле оор тиет экен. Тынч жаткан адигиненин чапкынына тушугуп, андан уялаштардын бири Итбок көз жумду, аялы олжого кетти. Кийин жесирди Акүчү таап келип, аны Бооке никелеп алып, Такабай туулду. Таласта Чолпоке киши колдуу болуп, анын жесирин Түлөгул алып балалуу болду. Жашоо дегени ушинтип улана берет экен, буга да Кыдык шүгүрчүлүк кылды.

      Байбичеси Токтодон көргөн үч уулдун кичүүсү Кутулду өттү дүйнөдөн, андан Алдаке деген уул калды. Кутулдунун жесирин улуу баласы Жаанбайга алып берип, андан Мендебай, Бейиш төрөлүп, Алдаке жалгыз болбой энелеш бир туугандарды тапты. Кудайдын мунусуна да шүгүр деди. Байбичеси Токто өзү жактырып ишарат кылгандан кийинки кыз алган аялы Айкүмүш артына Жаныбек деген уул калтырып, төрөттөн көз жумду. Күнүлөштүн баласы дебей, Шабыркүл байбиче Кудайбактыга эмчектеш кылып багып чоңойтту Жаныбекти. Кыдык атабыз буга да шүгүрчүлүк кылды. Байбичеси Токто эне экөө узак жыл бирге өмүр сүрүштү. Уулдарынын алды небак пайгамбар жашынан өтүп, арты элүүлөп калды, барынан неберелүү болушуп, чөбөрөлөрдү көрүштү.

      Кыдык атанын балдары да ата-эненин тарбиясынын таасындыгынанбы же, атасынын барга-жокко топук кылган ырыс-кешиги жукканбы, акылдуулугу, ыймандуулугу, кадыр-баркы таасир кылганбы. айтор, текши элге жугумдуу, өтүмдүү, малы да, байлыгы да жетиштүү, ырыскыны кудай берди деп, бардыгына топуктуу караган адамдар болушту. неберелеринин алды өз алдынча түтүн булатып, эр көкүрөк, жоон билек болуп, арасынан элге таанылып, эл четин коргогон азаматтар чыкты.

      Он чакты жыл мурун Байбичеси Токто эне кайтыш болуп, мына эми өзүнүн да кезеги келгенин сезип, уулдарын кашына отургузуп, керээзин айтты: - Ар энеден болсоңор да баарыңды текши карап, бириңден бириңди артык же кем көрбөй, киши катарына кошуп эл аралаттым. Атага балдарынын баары бирдей. Силер да ушул жашка келгенче мени жер каратпай, зоболомду көтөрүп жүрдүңөр. Кудайга да, силерге да ыраазымын. Ага болгонуң инилерди басынтпай, ини болгонуң агаларды нааразы кылбай ынтымактуу болгула. Караөзгөй болбой, тууганга да, элге да калыс жүргүлө. Элден чыкпай, элге таянып жашагыла. Муктажга кол сунуп, жакшылык кылгандан аянбагыла. Өмүр бою бир тууганым Төрөкочкордун арбагын сыйлап, аброюн көтөрүп жүрдүм. Арманым жок, укум-тукуму өсүп, менин атымды, даңкымды чыгарып жатат.

      Куржундун балдарын бөлбөгүлө, менин көзүм барда андай иш болгон жок. Көзүм өткөндөн кийин да сен мен дешпей, бир атанын балдарындай болуп, ынтымакты ыдыратпай, туура тутуп кармагыла. Айрыкча Торгойду төбөңөргө көтөрүп алгыла, жигит баштап, жоону беттеп, эл четинде жүрөт. Каруусуна каруу, билегине билек болуп жанында жүргүлө, акылдаш, кептеш болгула. Менден калган Журттун уюткусу ошол Торгой болот. Эми мага ыраазы болгула, мен силерге ыраазымын,--деп саймедиреп отуруп, бут сунуп, төшөк тартпай бул дүйнөдөн өтүп кете берди.

      Журт туткасы деп таанылган Кыдык атабыздын көзү жумулду деген кабар туш тарапка желдей тарап, калың эл түп көтөрүлө келди. Жуукунун ичине батпай казганактаган эл жаназасына туруп, куранын окуп, өлүк зыйнатын жасап, жакшылап сыйын көрүп тарашты. Жамангул уулу Кыдык бабабыздын сөөгү өзү жер соорусу деп мекендеп келген Жуукуга коюлган экен.


                           БУГУ УРУУСУНДА ЖАҢЫ УРУКТАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Орозбактынын тукумдары бугу деп аталып, XVII кылымда Арык тукуму, Алсейит жана Тынымсейиттин урпактары өз-өзүнчө ата тарабын кубалап, үч ата уулу топторун түзүшкөн. Мезгилдин өтүшү менен бул топтор уруктарга айланган.

      Дегеле кыргыз тарыхында XVIII кылымга чейин көпчүлүк уруулар ар кандай себептер менен өзүнүн негизги өзөгүн кармап турганы менен, уруу ичиндеги айрым ата уулдарынан турган топтор чачырап, майдаланып, кээ бир уруулардын арасына барып туруп калган учурлар көп болгон. Ушунун кесепетинен бара-бара уруулардын курамында өзгөрүүлөр болуп, айрымдары майдаланып жатса, айрымдары ирилеше баштаган. Кыргыз урууларынын мындай чачырап, майдаланып кетишине уруу ичинде урук, ата уулдары болуп бөлүнүү, өз балдары (тонсуз уул), асыранды балдары (тондуу уул) деп бөлүнүү, түбү бир атанын балдары болушса да, байбиченин уулдары, токолдун уулдары деп бөлүнүү көрүнүштөрү себеп болгон. Ошол эле учурда сырткы душмандар тарабынан болуп турган согуштук кол салууларды да эске алышыбыз керек. Өзүнүн карт тарыхында кыргыз эли нечен курдай согуштарды баштан өткөрүп, алардын кесепетинен ата баладан, урук уруудан, уруу элден бөлүнүп калган учурлар көп эле болгон.

      Жылдардын өтүшү менен кылымдар тогошуп, уруктардын биригип кайрадан урууларга айланышына өбөлгө болчу жагдайлар келип чыккан. Көп жылдарга созулган бөлүнүп жарылуулардан, ич ара чатактардан эл катуу жабыр тартып, анын кесепеттери элдин мындан аркы келечегине коркунуч туудурган. Биригүүнүн, ынтымакта болуп жашоонун зарылчылыгы келип чыккан, жоокерчилик замандын катаал шарттары да ушуну талап кылган. Муну жакшы түшүнгөн эл арасынан чыккан аң-сезимдүү, сөзү өтүмдүү кадырман адамдар, журт жакшылары чыр-чатактарды басып, элди ынтымакка чакырып, биримдикте болууга үндөгөн.

      Айрым уруктардын жана уруулардын башчылары чабылып-чачылып ар кайсы жерде жүргөн топтор менен уруктарды алып келип, аларга мал-жандыктардан каралашып, жер бөлүп берип, өз тарабына тарткан. Керек болсо кызматташ-чыгымдаш кылып, түтүнгө кошуп алышкан. Мына ушундай жолдор менен өз уруусунун таламдары менен кызыкчылыктарын чыңдоого аракет кылышкан. Уруктар менен уруулардын пайда болуу процесинде элдик санжыранын ролу чоң болгон. Байыркы түпкү аталардан берки ата-бабаларды билип, алардан тараган укум-тукумдардын генеологиясын жана хронологиясын, уруктардын ар кайсы мезгилдердеги окуяларын, айрым урук башчылары, даанышмандар, баатырлар тууралу укумдан тукумга айтылып келаткан баяндар “бөлүнгөндү бөрү жейт” деп айтылгандай түбү бир кыргыздын тукуму экенин эске салып, бир кезде чачырап, бөлүнүп кеткен уруулардын кайрадан биригүүсүнө болгон аракетин активдештирген.

      Тарыхка көз жүгүртсөк, уруулардын пайда болушу эки жол менен ишке ашырылгандыгын көрөбүз. Биринчиден, ошол урууну түзгөн бир атадан таралган адамдардын же алардан пайда болгон үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү бул-табийгый жол.

      Экинчиси, башка уруктардан бала асырап алуу, түрдүү себептерден улам ар кайсы жерде жүргөн башка уруктардын өкүлдөрүн, жээндерди, колго түшкөн туткундарды өз жамаатына кошуп алуу- бул жасалма жол.

      Булардан тышкары биз мурда белгилегендей, бир нече майда уруктардын биригүүсүнүн натыйжасында бир уруу түзүлөт. Бара-бара ал уруу өсүп отуруп, өзүнө тектеш уруулардын биркмесине айланат.

      Көпчүлүк учурларда ар кандай ички жана сырткы көрүнүштөрдүн таасиринен, мисалы, уруу башчыларынын пикир келишпестиктеринен, ынтымактын жоктугунан чоң, ири уруунун курамына кирген уруктар бара-бара бул курамдан чыгып, өзүнчө урууну түзүп кетишкен. Демек, мындан бир кезде ири, чоң уруу болуп турган жалпылык кези келгенде бөлүнүп тарап кеткен же, жок болуп кеткенин, кийин бул уруунун калдыктарынан жаңы уруунун пайда болгондугун билебиз.

      Ушул жерден дагы бир өзгөчөлүктү белгилеп кетсек болот: - курамы тап-таза бир атадан болгон урууну табуу кыйын, дээрлик бардык уруулар өз курамына бир атанын тукумдарынан тышкары таяке-жээндерин, ар кайсы курама топтордун өкүлдөрүн киргизип алышкан. Ар бир уруунун өзүнүн жайгашкан аймагы, эн тамгасы, желеги жана урааны болгонун башында белгилеп кеттик эле.

      Уруунун башчысы бий деп аталган, Ал урууга тиешелүү бардык ички-тышкы маселелерди көптү көрүп, көптү билген кадырман уруу аксакалдары менен кеңешип чечкен. Ушул эле жерде уруунун кол башчысы дайындалган. Бул мисалдардан улам уруунун коомдук турмушунда демократия институтунун белгилери бар экендиги байкалып турат. Урууларда байлык уругуна, ата-тегине жараша бөлүнгөн.

      Бизге жеткен айрым маалыматтар боюнча бугу уруусу XIV кылымдан XVII кылымдын аягына чейин Ысык-Көлдүн жээктеринде, ошондой эле Ак-Суу, Ак-Чий, Турпан тарапта көчүп-конуп жүргөндүгү айтылат. XVIII кылымда бугулар үч чоң урук тобунан турган: - Арык тукуму, Алсейит жана Тынымсейит.

      Арык мырзанын Балтатыр жана Жоотатыр деген эки уулунан бара-бара бир нече уруктар өсүп чыккан. Жоотатырдын Күчүгүнөн Байыш, Калматай, Сейитказы, Сейиткулу (Сабатар). Ал эми Балтатырынан Эшей, Эгизей, Сарыке, Ондон деген уруктар болуп, Арыктын ичинде отуз уул, Торок, Кызылсакал, Сарткалмак, Кески деген уруулар кошулган.

      Алсейит төмөндөгү уруктардан турган: - Белек, Кыдык, Бапа, Желдең, Боор. Ал эми Тынымсейит тобу: -Кабели, Шалтак, Мортук деген үч уулунан тараган Токтомуш, Отор, Бактыгул, Кабак, Токтогул, Жаманак уруктарына ажыраган. Убакыттын өтүшү менен уруктар ирилешип, адамдардын саны көбөйүп отурган.

      Орус саякатчысы, окумуштуу-тарыхчы В.В.Радлов Борбордук Азияга, анын ичинде Ысык-Көлгө болгон саякатынын жыйынтыгы боюнча 1862-жылы жазган отчетунда бугуларды 20 бий башкарып, алардын карамагында 11450 түтүн адамдары бар деп, ар бир урууну көрсөтүп, андагы элдин санын толук жазат.

      1. Арык уруусу – 2500 түтүн. 2. Бапа уруусу – 300 түтүн. 3. Белек уруусу – 5000 түтүн. 4. Кыдык уруусу – 3200 түтүн. 5. Желдең уруусу – 1050 түтүн. 6. Боор уруусу – 400 түтүн.

      Саякатчынын жазганына караганда эгерде ар бир түтүндө орточо 5тен адам болсо, жалпы бугулардын саны 57250 адамды түзгөн. Бул отчетто белгиленгендей, кыдык уруусу бугу ичинде белектен кийинки эле чоң уруу экендиги көрүнүп турат.

      Адамдардын тарыхый жалпылыгы катары кыдык уруусу XIX кылымдын орто ченинде эле калдыптанып калган экен. Бул мезгилде кыргыз жерине келип, илим изилдөө иштерин жүргүзүшкөн орус окумуштууларынын эмгектеринде мисалы, Ч.Валихановдо, Н.Семенов-Тяньшанскийде, В.Радловдо Н.Аристовдо кыдыктар тууралу маалыматтар берилет. Айрымдарында кыдык урук (племя), айрымдарында уруу (род) катары айтылат.

      Тарыхый өнүгүүнүн ургаалында бир уруунун калыптанышы үчүн бир же, эки кылымдын чеги тардык кылаарын белгилеп коюшубуз керек. Бул жагынан алганда XVIII кылымды бүт кучагына алып, XIX кылымдын орто ченине чейинки мезгилде Төрөкочкор менен Кыдыктын урпактарынан негизделген жалпылык биз жогоруда белгилеп кеткендей табийгый жана жасалма жол менен өсүп отуруп, кыдык уруусу калыптанган. Куржундун Түлөгул, Торгой, Чолпоке, Ырыс, Бейшебай насилдери өздөрүн Торгой деп аташып, бир ата урук түзүлгөн.

      Кыдыктын Жаанбай, Жакшылык, Кутулду, Кудайбакты, Жаныбек деген балдарынын тукумдары өсүп отуруп, өздөрүнчө ата уулу деңгээлинен урук болуу деңгээлине чейин жетишкен.

      Мезгилдин ар кандай татаал сыноолоруна туш келип, тарыхтын күү-шаа толкунуна урунуп-беринип жүрүп, бири тондуу-асыранды бала болуп, бири жээн-таяке болуп, бири тууган издеп кошулуп, кыдык ичинде камыр-жумур болуп нечендеген жылдар бою турмуштун оор-жеңилин чогуу көтөрүп, кайгы-кубанычын тең бөлүшүп, чабылса чогуу чабылып, чачылса чогуу чачылып, кыдыктын ураанын чакырып, камчысын чаап келаткан ар кайсы топтор. мисалы, кыпчактардын, калмактардын, тынымсейиттин Кабелисинен тараган “беш балалар”, жедигерлердин, коңурат календерлердин, кутчулардын (кушчулардын), кытайлардын, саруулардын, сарыбагыш таздарлардын, тынымсейиттин шалтасынан тараган чабалдайлардын, чериктердин, сарыбагыш чечейлердин өкүлдөрү да кыдык уруусунун курамына кирген.


                           ТОРГОЙ БААТЫР. СУКСУР ЭНЕ                                                                                                           (Мазмунга)

      Уруктун негизин түптөп, анын андан ары калыптанышына салым кошкон инсандар болот. Ошолордун бири кыдыкта Куржундун уулу Торгой болгон. Торгой бабабыз жөнүндө биздин күндөргө чейин анча-мынча эле маалыматтар келип жетти. Балким, XIX кылымдын санжырачылары Торгой тууралу көбүрөөк билишкендир. Кеп анын баяны оозеки эле айтылып, өз учурунда кагаз бетине түшүрүлүп, жазылып калбаганында болуп жатат. Бул албетте ошол мезгилдеги кыдык ичиндеги санжырачылардын же, санжырага кызыккандардын арасында кат таанып, жаза билгендердин жоктугу менен түшүндүрүлөт.

      Өткөн жоокерчилик замандагы кыдык уругунун жаңыдан түптөлүп, анан бара-бара калыптана баштаган учурундагы тарыхын Торгой баатырсыз элестетүүгө болбойт. Анткени, Торгой баатыр бугу уруусунун курамында кыдыкты өз алдынча урук катары түптөп берген, өзүнөн кийин анын андан ары калыптанып кетишине жол көрсөтүп кеткен инсан десек аша чапкандык болбойт.

      Торгой баатыр XVIII кылымда жашап өткөн инсан. Торгойдун балалык кезинен тартып, толук эр жетип, баатыр катары таанылган учуру калмак доорунун соңку мезгилиндеги кыргыз-калмак чыр-чатактарына тушма-туш келет. Торгойдун 14 жашынан эле колуна курал алып жоо менен кармашканын санжыра аркылуу билебиз. Ошондон тартып ат жалында жүрүп көзү өттү. Анын жанында Жаанбай, Жакшылык, Кудайбакты. Түлөгул сыяктуу агалары дайыма жүрүп, алыскы жана жакынкы жортуулдарда кеп-кеңешин берип, арка-жөлөк болушкан. Инилери Чолпоке, Ырыс, Бейшебай, Шабото, Азарбек, Эсенгул өңдүү баатыр жигиттери менен дайыма эл четинде, журт кыйырында жүргөн. Торгойдун алгачкы жолу жоо менен беттешип, кармашууга чыккандыгы тууралу санжырада мындайча айтылат: --Жамангул тукумдары жамаатташ, айыл-айыл болуп жайлоодо бейкапар жаткан күндөрдүн биринде калмактардын куралдуу тобу жылкыга тийип, чогуусу менен айдап кеткен экен. Кабар келээри менен Куржундун айылындагы эр-бүлө текши аттанып куугунга жөнөйт.

      Торгой бул учурда айылында жок экен, болгон окуядан кабары жок, шашпай айылга келсе, айыл ичи тополоң болуп жаткан экен. Ошондо жеңелеринин бири: --Ай быжырак уул, сен эмне далдайып турасың? Калмак жылкы тийип кетиптир, эр-бүлөнүн баары калмактын артынан кетти. Жылкыңды ажыратып калбайсыңбы,--дегенде Торгой намысына келип, катылгандын катыгын берейин деп чаап жүрүп отуруп жете барган экен. Ортодо кармаш жүрүп, эки тараптан бир нечеси аттан кулап, башы-көзү жарылып кеткен экен.Калмактан бир олбурлуу балбан жигит чыгып, ат ойдолотуп, нары-бери бастырып туруптур. Кыргыздан ага каршы чыгууга эч ким даабай, анын сүрүнөн чочулап турушкан экен. Калмак жигиттеринин башчысы окшойт, бирөө: --Жекеме жеке чыгып кармашып көрөлү, жеңсең жылкыңды алып кал, болбосо жылкы биздики болот,--деп кыйкырып турат. Ошондо Торгой калмакты беттеп чаап чыгыптыр. Жанатан ары-бери бастырып турган калмак, камчысын тиштеп, Торгойдон көз албай билегин сунуп, чукул кирип келген кезде—“Мен силерге жалгыз чыксам, экөөлөп чыкканыңар кандай”, --дегенде тиги калмак менин артымдан дагы ким чыкты болду экен деген ой менен артына кылчая бергенде Торгой шамдагайлык менен калмакты моюн талаштыра күрөө тамырга коюп кетет. Калмактын бир буту үзөңгүдөн чыкпай калып, аты менен кошо көмөлөнүп кеткен дешет. Убада боюнча калмактар куру кол кайтып, Торгойлор жылкыны түгөлү менен кайтарып алып, санаасы тынып жатып калышкан экен.

      Жамангул тукумдары чогулуп келип, намысты алдырбай эрдик кылганына ыраазы болуп, түлөө өткөрүп, Торгойго бата беришкен экен. Эл ичинде айтылып келаткан “Торгой амал” деген сөз мына ошондон калган дешет. Торгой ушул амалды арадан 2-3- жыл өткөндөн кийин да колдонуптур. Бул жолу ал калмактын найзакери менен беттешип, баатырлар эки жолу бири-бирин жеңише албай коюшкан экен. Үчүнчү сапар беттешкенде Торгой сол колун жаңсап, сөөмөйү меннен ортонун көрсөтүп колун алга сунуптур. Ошондо калмак артына бурула бергенде, ушул кырдаалдан пайдаланып, аны ат үстүнөн ыргыта сайган экен.

      Жоо менен беттешкендеги көрсөткөн эрдиги, согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөндүгү, Торгойдун жигиттердин арасында эле эмес, жалпы эл алдындагы кадыр-баркын жогорулатып, аны баатыр деген сыймыктуу атка ээ кылган. Торгой баатыр аталып кырк жигит менен өз уруусунун аймагын эле коргобостон, жоо келген кезде же, жортуулдарга чыкканда башка уруулар менен биргеликте согуштук аракеттерге катышкан. Торгой баатыр чабуулга киргенде анын жигиттери “Кыдык” деп ураан чакырган. Ошондой эле кыдык уруусунун туусун көтөртүп, анын көрүнүшү көк-ала түстө болуп, айчык кездемеден жасалган экен. Аны узун саптуу асабага тактырып, жүрүштөрдө колдун алдында алып жүрүшкөн. Демейдеги күндөрдө кыдык уруусунун бул туусу Торгойдун үйүнүн төрүндө турчу экен. Мына ушинтип чакырган урааны, алып жүргөн туусу менен Торгой баатыр өмүр бою журт атасы катары Кыдык бабабыздын арбагын көтөрүп, даңазала жүрүп өткөн экен.

      Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай бар. Торгойдун баатырдыгы менен катар анын айкөлдүгү жөнүндө да эл ичинде уламыш кептер айтылып жүрөт. Торгой баатыр каршылашкан жоосуна эч качан күтүүсүздөн кол салчу эмес экен. Эгерде мерчемдеген жерге күндүз келип жетсе, колун токтотуп, добулбас кактырчу экен. Түнкү мезгил болсо анда отту улуу жактырып, өзүнүн келгенин билдирчү экен.

      Эки кол бет маңдай келип, ортодо бир кыйла кенен жер калтырылып,өз ара шарт боюнча эки тараптан бирден жоокер чыгып, жеке кармаш өткөрүлгөн. Эгерде Торгой тарап жеңишке жетишсе, каршылашына шартын таңуулап, ошого ылайык олжо, көбүнэсе жылкы алчу. Мындан тышкары албетте сулуу кыздар менен өспүрүм эркек балдардан тандалып, кул-күн катары туткун алынган. Эгерде таймашта Торгой тарап жеңилип калган учур болсо. анда Торгой жоокерлерин майдан талаасынан алып чыгып кете турган. Мунун аркасы менен бейкүнөө кан төгүлбөй, айылдар таланып-тонолбой, жоготуулар болчу эмес. Торгой баатырдын айкөлдүгү мына ушундай болгон. Ал ушунусу менен талап-тоноп. кыйратып, өлүм-житимге алып келүүчү чабыштарды өткөргөн башка баатырлардан кескин айырмаланган. Жоо Торгойдун койгон шарттарына макул болбой каршылык кылган учурлар да боло турган, мындай кырдаалда колун согушка киргизүүдөн башка чарасы жок кала турган. Согуш өз өкүмүн жүргүзүп, адамдар өлүп, талоон ишке ашат эле. Согуштун атам замандан бери келаткан ырайымсыз мүнөзү, жүрөк титиретип, адамзатты канга бөлөгөн, кан көксөгөн жүзү мына ушунда. экендигин карт тарых канча ирээт көрсөтүп келсе да, андан адам баласы сабак албай келатпайбы.

      Санжырада Торгойдун жеке баатырдыгына байланыштуу дагы бир окуя айтылат. кайсы бир жылдарда Иленин боюнда Торгой калмакка каршы аттанып бараткан экен. Калың өскөн бийик камышты аралап, жалгыз аяк жол менен чубап келаткан черүү токтоп калат. Торгой бастырып келип сураштырса, жолду бөгөп бир чоң жолборс турган болот. Ошондо Торгой аттан түшүп, камчысын оңтойлоп кармап, жолборско тике карап басып келет. Жолборс качырып сала бергенде булдурсун камчы менен анын маңдайын жара чабат. Таамай урулган соккудан жолборс өлүп, суналып жатып калат.

      -Бир мышык үчүн ушунча киши токтоп турмак беле, бастыргыла,--деп Торгой бастырып кеткен экен. Агасы Түлөгул жаткан жолборсту кыйбай, жигиттердин бирине терисин сыйыртып алган экен. Кийин үйүнө алып келгенде байбичеси: --муну биз эмне кылабыз, тиги жообасар уулдун төрүнө жарашат, ошого бер, --деген экен.Ошентип терини Торгойдукуна берип жиберген экен. Ошондон баштап Торгойдун даңкы чыга баштайт. Барган эле жеринен олжолуу келчү экен. Анын ысмы бугу элинде эле эмес, башка уруулардын арасында да таанымал боло баштаган. Элинин эркиндиги үчүн күрөшүп, ошол эле учурда өз уруусун “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай”, анын кызыкчылыгын коргоп, тикесинен тик турган кашкөйлүгү, калыстыгы, адилеттүүлүгү аркылуу Торгой баатырдын кадыр-баркы тездик менен жогорулай баштаган. Торгойдун дал ушундай сапаттары, талыкпаган иш-аракети, дилгирлиги менен бир атадан тараган кандаш туугандардын жалпылыгы катары кыдык уругу түптөлгөн. Бул жагынан алып караганда Торгойдун ролу зор экендигин жогоруда айттык. Кийин көл бугусунун курамында кыдыктар таасирдүү уруктардын бирине айланып, тарыхый өнүгүүнүн ар кандай мезгилдеринде бугунун ичинде да, башка коңшу уруулар менен болгон мамилелерде да тең ата болуп, өз алдынча алака түзүп турганын көптөгөн окуялардывн мисалдарынан улам билебиз.

      Калмак доору аяктаган мезгилде Торгой баатыр 40 жаштан өтүп, болуп-толуп турган учуру экен. Калмак кеткенден кийин бошоп калган жерлер үчүн болгон кыргыз-казак чабыштарында, айрыкча Көл башындагы Иле суусунун боюнан Каркыранын башына чейинки аймактардагы чабыштарга Торгой баатырдын катышкандыгы шексиз. Ат жалында күн кечирген жоокерчилик мезгил өкүм сүрүп турду. Уруулар ортосундагы чыр-чатактар тынымсыз болуп, ар кандай шылтоо-себептер менен бирде жайыт талашып, бирде жылкы тийип, мал талашып, бирде кун доолашып, бирде куру намыс үчүн чатак чыгып, ал ырбап отуруп, куралдуу кагылышуулардын чыгышына алып келген.

      Бир жолу Текестен калмактын Торгун деген кол башчысы көлгө көп аскер менен атайы жылкы тийип, олжо жана туткун алуу үчүн келген экен. Ошол Торгундун (Таргын деп да айтылат) колун Торгой баатыр жигиттери менен каршы алгандыгы санжырада айтылат. Эки тарап беттешип, эрежеге ылайык тараптардан бирден баатыр чыгып, жекеме-жеке кармашууга туура келет. Ошондо калмактын баатырына каршы Торгойдун жигиттеринин бири – Эсенгул баатыр чыгат. Эсенгулдун жеке эрдигинин жана шамдагайлыгынын аркасында калмак баатыры жеңилип аттан кулайт. Эсенгул калмак баатырын сайып өлтүргөндөн кийин Торгойдун жигиттери чабуулга кирет, калмактар туш-тушка чачырап качууга аргасыз болушат.Аларды ээлеп жаткан конушуна чейин кубалап бары, Торгойдун жигиттери көп жылкы, бир кыйла олжо-буйла менен кайтып келишиптир. Торгойдун баатыр эле эмес, эл мүдөөсүн ойлогон, биримдик менен ынтымакты чыңдаган журттун лидери болгондугу тууралу санжырада айтылат.

      Кыдык уруусунун курамында Жаанбайдын бир бутагы болгон суксур уругу азыркы кезде Тоңдун бир нече айылдарында отурукташып турат. Айтылуу Суксур энебиздин нике кайып буюруп, Кыдык бабабыз менен Токто энебиздин келини болуп калышына Торгой баатырдын да тиешеси бар.Бул тууралу санжырада мындай деп айтылат:

      Тээ алыскы Меркеден ары Олуя-Ата тарапты жердеп турган сол канат чоңбагыш уруусунан чыккан Каратал баатыр менен беттешүүнү кудай таалам Торгойго буюрган экен. Бул жолу да ага-инилерин чогуу алып, чакан кол менен жол жүрүп, Анжыян тараптан аттанган Торгой Чаткалдагы Каныш-Кыя аркылуу түшүп, Каратал баатырдын айылы конуш алган жерге келип жеткен экен. Бул жолу да бөөдө кан төгүүгө барбай, Торгой менен Караталдын жигиттери эки тарап болуп тирешип турду. Каратал баатырдын эркек тукуму жок экенинен мурдатан кабары бар Торгой ортого чаап чыгып, Караталды жекеге чакырып турган экен.

      Каратал баатырдын үч аялдан чекесине бүткөн Саалыбүбү деген жалгыз кызы бар экен. Ал кыз кичинесинен эле эркек балдар менен тай, торпок минип, жаа тартып, чикит чаап чоңойгон экен. Кылыч шилтеп, жаа тарткандын ыкмаларын жакшы үйрөнүп, атасы менен жортуулдарда болуп, согуш өнөрүнөн мыкты кабары бар эр жүрөк кыз экен. Торгой менен беттешүүгө камынып, Каратал баатыр жекеге чыга берээрде Саалыбүбү атасынын алдын тосуп:--Атаке, кыз болсом да атанын тукуму эмесминби, элдин намысы үчүн мен чыгайын, жеңилип калсам башымды сайдым, Торгойдун шартына көнөйүн, жеңип алсам өз шартымды койоюн, батаңды бер,--деп ат үстүнөн алакан жайды. Кызынын бул аракетине жетине албаган Каратал, анын артында жарданып турган кол дүркүрөп бата берди.

      Жекеге Каратал чыкпай чыканактай бала чыкканын көрүп Торгой баатыр бир чети Каратал теңсинбей жаш баланы чыгарат деп ачуусу келип, экинчи чети кенедей баланын тайманбай келип, маңдайында ат ойнотуп турушуна таң калып турду. Бала ушунчалык татынакай, ушунчалык сулуу экен, ал тургай ээгине эмдигиче түк чыга элек көрүнөт. Бала ат ойнотуп ыкыс берип кирип келгенде эки тарап дуулдап, ач айкырык жер дүңгүрөтүп, кулак жарып жиберди. Таң калып, акылын жоготкон Торгой эсине келип, ыгайын таап туруп колун шилтеп жиберди эле, бала ат үстүнөн жерге тоголонуп түштү. Бир-эки ала салып тура калгыча баланын туулгасы башынан ыргып кетип, түйүлгөн олоң чач далыга жаба берди.

      Мына кызык, жанатан бери убара кылган неме жаш бала эмес эле суп-сулуу кыз болуп чыга келди. Эки тараптагы кыйкырык сүрөөн эми каткырык күлкүгө айланды. Жеке кармашка кызын жиберген Караталга ачуусу келген Торгой канжыгадагы кыл арканды чечип, ат үстүнөн кызга чалма салып, эбелектей колтугуна кысып алып, кайра тартты. Тиги тараптан Каратал чаап жете келип, Торгойдун алдын тосуп, аттан түшө калды:

      --Жан соога, баатыр. Карачечекей жалгызым эле, таштап кетиңиз, --деп чөгөлөй калды. Жанатан бери кыңк этип үн чыгарбаган кыз атасынын мындай жоругуна чыдабай кеттиби:

      --Башыңды көтөр, ата! Тур өйдө. Намыс үчүн Торгой баатырга олжого кеткеним жакшы эмеспи,--деп, анан Торгойго кайрылды:

      --Сизден суранам, атамдын элине кол тийгизе көрбөңүз, мен сиздин эркиңизге көнүп, айтканыңызды кылайын. Кыздын кашкөйлүгүн баалап, ыраазы болгон Торгой баатыр Саалыбүбүнү бошотуп, Караталга колду таркатууну сунуштап, өз колуна жайланышып, өргүп алууну тапшырды. Торгойго ыраазы болгон Каратал атайын өргөө көтөртүп, эки-үч күн тыныгып, мейман болуп кетүүнү өтүндү. Атайын тигилген өргөөнүн төрүндө Жаанбай, Жакшылык, алардын катарында Түлөгул, Торгой, алардан бери улуу-кичүүлөшүп ага-инилер жайланышып, казы-картага карк болуп, кымызды кылкылдата жутуп, Караталдын сыйын аябай көрүштү. Торгойго берген убадасын, анын үстүнө Торгойдун адамкерчилигин эске алып, Каратал — “Олжого эмне аласың баатыр? Мал десеңиз мал берейин, баш десеңиз баш берейин, Сизди ыраазы кылууга жараймын”, --дегенде, --“Мал-жаныңызга тийбейин, кызыңыздын колун сурадым, ошого кандай карайсыз, баатыр” —деди Торгой.

      Алдын-ала мал-жан тартуу кылсам Торгой макул болоор деген кыязда турган Каратал мындай талапты күткөн эмес эле, бирок жеңилип калгандан кийин Торгойдун сунушуна баш ийүүдөн башка аргасы жок болчу. Каратал ары карап ыйлап, бери карап күлүп, кызы Саалыбүбүнү берүүгө макул болду. Караталдын айласыз абалда кыйналып турганын, Салыбүбү анын жалгыз кызы экенин, ошондуктан Каратал үчүн анын баасы канчалык кымбат экенин жакшы түшүнгөн Торгой мындайда ата-бабанын салты боюнча аракет кылууну эп көрдү. Келе турган кийинки жайда мал айдатып, тартуу-тартмегин мол алып, калыңын төлөп, дүңгүрөтө той кылып Саалыбүбүнү алып кетүүнү макулдашып кайра тартты.

      Ошондон жарым жыл өткөндөн кийин ойго келбеген окуя болуп, Каратал баатыр менен Саалыбүбүнүн башына мүшкүл иш түштү. Түн ортосунда тынч уйкуда жаткан Караталдын айылына капыстан жоо кол салды. Жоонун бул чабуулунда Каратал толук жеңилип, өзү туткунга түшүп калды. Анын колу-бутун байлап, , төөгө чегилген арабанын үстүндөгү шыргыйдан жасалган торго камап салышты. Ошол түнү Саалыбүбү айылда болгон эмес экен. Ал эки жигит менен тоодогу жылкылардын абалын билүү үчүн кеткен. Айылда болгон калабаны угуп, эртеси түн жамына келип, эки жакты байкап, коктуга аттарды даярдап коюп, эки жигит менен келип, Караталды кайтарып отурган сакчыларды жаа менен атып салып, Саалыбүбү атасын куткарып, качып чыгат. Торт качкын түнү бою ат тердетип чаап жүрүп отурушуп, жоо колунан кутулуп кетишет. Төртөө Торгой баатырдын айылын издеп жүрүп таап келишет. Болгон окуяны Караталдын оозунан угуп, Торгой баатыр жигиттерин топтоп, Караталды эки жигити менен кошуп алып, жоого каршы аттанган экен. Саалыбүбү Торгойдун үйүндө калыптыр. Торгой чакан колу менен Караталдын айылына келишсе, олжого тунган душман ошол жерди жайлап, Караталдын элин өз билгениндей калчап, эли-жерине, мал-мүлкүнө ээлик кылып, семиз малдан тандап союп көзүн май басып, эч нерседен капары жок кутуруп турган кези экен.

      Мал-мүлктү талап, келин-кызды олжолоп, канашалап жаткан жоо убактылуу ийгиликке башы айланып, камаарабай жатты эле, Торгойдун колун ээрчитип Каратал кирип келээрин күтпөгөн баскынчылар баш-аламан түшүп, анча-мынчасы гана качып кутулган экен. Каратал баатыр душманынан эсесин чыгарып, элин жыйнап, мал-жанын толуктап санаасы тынгандан кийин Торгой баатыр элине кайткан экен. Ушуну менен Саалыбүбүнүн калыңына бере турган тартуусу өзүнөн-өзү төлөнгөн дейт.

      Бул окуядан кийин сырттан болгон кол салуулардан чочулаган Каратал баатыр эли-журтун жер котортуп, Какшаал тарапты жердеп турган уруулаштарына—чоңбагыштарга барып кошулган экен.

      Торгой баатыр Олуя-Атадан келгенден кийин биринчи кар жааган күнү мергенчи-аңчыларды чогултуп салбырынга чыкмак болот. Тайган агытып, куш салып, бир кызыктан чыгып келели деген ой менен адаттагыдай эле ага-инилерин жанына алып, Торгой баатыр салбырынга жөнөп жатканда “ден соолугум жайында болбой калыптыр” деп агасы Жаанбай барбай калат. Мунун бир шылтоосу бар эле, Саалыбүбү бул учурда Торгойдун үйүндө турган эле. Торгойдун аялдары Саалыбүбүнүн сулуулугунан кызганып, үстүбүзгө алып албасын дешип, кыздан кутулуунун айласын издешет. Ошол кезде Жаанбай кайнаганын аялы төрөбөй жүргөн экен, Саалыбүбүнү нике кыйдырып алса, андан бала көрсө жакшы болот эле,-- деп ортого киши салдырып, Жаанбайдын көзүн түзөп, ниетин буруп коюшкан экен. Мына ушул шылтоо менен Жаанбай ден соолугуна шылтоо кылып салбырынга барбай калыптыр.

      Эки-үч күн салбырында жүрүп, тайган агытып, түлкү алып, куш салып кекилик, коён алдырып, көңүл ачып Торгой ага-инилеринин коштоосунда көп табылга менен кайтып келет.-- “Абам салбурунга барбай калды эле, келип шыраалгасын алып кетсин”—деп Жаанбайды чакыртып жиберген экен. Анда Жаанбай “Торгой мага өзү келип кетсинчи, айта турган сөзүм бар эле, келбей койбосун” --деп чакырып келген жигитти кайра жолго салыптыр. Жаанбайдын бул өтүнүчүн уккан Торгой—“Абам ооруп жатат деди эле, абалын сурап коёюн, буюрган шыралгасын бери келейин”--деген ой менен эч нерседен капарсыз Жаанбайдыкына келип түштү. Төрдөн бир аз ылдыйраак төшөк үстүндө жамбаштап жаткан Жаанбайга салам айтып, ал-абалын сурагандан кийин Торгой —“Чакыртыпсыз, шыраалгаңызды ала келдим. Айта турган сөзүм бар деген экенсиз, айтыңыз, угайын”, - деди.

      --Макул деп сөз берсең айтам, болбосо кайта кете бер. Сөзүмдүн баркын билсең сен билээрсиң.

      --Макулмун абаке, сиздин сөздү укпаганда кимди укмак элем,--деп Торгой тизелей калды.

      --Анда. Саалыбүбүнү мага бер, нике кыйдырып алайын,--деп Жаанбай сунулган буттарын жыйнап малдаш урунду. Сөз бергенден кийин айла барбы, Торгой агасынын сунушуна макул дегенден башка сөз кайтара албады. Ошондон көп өтпөй Торгой баатыр чоң той өткөрүп, Саалыбүбүнү Жаанбайга алып берип, никесин кыйдырды.

      Саалыбүбү жандан артык сулуу адам экен, ошол сулуулугунан улам “Суксур” деген атка конот. Себеби, кыргызда канаттууунун сулуусун суксур дешет экен. Эл ичинде “Жаанбай колуна сулуу чымчык кондуруптур, ал суксурдай сулуу экен” деген аңыз кеп узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тарап, Жаанбайдын сулуу аялын көрүп келүүгө ат тезегин кургатпай келе беришип, Жаанбайдын үйүнүн алды кошоктолгон аттарга толуп турчу экен. Арадан күндөр өтүп, мезгилдер алмашып, Жаанбайдын айылы деген бара-бара “Суксурдун айылы” деп атала баштаптыр. Жаанбай Суксур энеден үч бала көргөн. Алар, Элчибек, Жоруп жана Мурат. Булар тууралу биз мурда баяндап кеттик эле. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Жаанбай ата менен Сукусур энеден таралган балдардын тукумдары суксурлар деп аталат. Бүгүнкү күндө алар Тоң районундагы Жер-Үй, Эшперов, Ак-Сай, Төрт-Күл, Бөкөнбаев, Тоң, Кайнар, Кажы-Сай айылдарында, Каракол, Балыкчы жана Бишкек шаарларында жашап турушат.

      Суксур эне акылдуу,кыраакы, келечекти көрө билген, ар кандай окуяларга сабыр тутуп караган, элдин ысыгына күйүп, суугуна тоңгон эр жүрөк, намыскөй зайып болуптур. Энебиз кайненелери Токто менен Шабыркүл энелерден аялзатына тиешелүү көп жакшы сапаттарды үйрөнүп, өмүр бою аларды сыйлап, кастарлап жүрүп өткөн экен. Элдик санжырада энебиз ашкере сулуулугу, кайраттуулугу, кадыр-барктуулугу, иш билгилиги, уюштуруу жөндөмү, сарамжалдуулугу, элге кызматы менен жаккандыгы, согуш өнөрүн үрөнүп, кылыч шилтеп, жаа тарткандыгы сыяктуу сапаттары айтылат. Саалыбүбү эне жөнүндө:

      Суктандырган далайды,
      сурмалуу көз, ак маңдай.
      Жарк этип күлүп койгону,
      жайлоодо аткан ак таңдай.
      Айрыкча асыл жан экен,
      алтындан куюп алгандай,
      Суйкайган сулуу периште,
      суксур куштай керилген.
      Айнектей тунук жүзүнөн,
      ай шооласы төгүлгөн.
      Таткан ашы чиркиндин,
      тамагынан көрүнгөн.
      Көрк берип, кенен сооруга,
      кундуздай чачы өрүлгөн.
      Койкоюп басып баратса,
      чач учтугу төгүлгөн.
      Көркүнө канбай суктанып,
      көргөндүн көөнү бөлүнгөн.
      Кайраты мыкты эненин,
      кызматы журтка билинген.
      Кымызын куюп кесеге,
      кызматчысы ийилген.
      Акылга келбет төп келип,
      аруулугу билинген.
      апкаарыбай, жалтанбай,
      айткан сөзү шар экен.
      Кылыч шилтеп, жаа тарткан,
      кыраандыгы бар экен.
      Бек төрөсү Жаанбайды,
      бек кадырлап жандаган.
      Тукумун арбын көрсүн деп,
      тууралап зайып тандаган.
      Таалими таасын болсун деп,
      тарбиясын арнаган.
      Күнүлөр тууган балдарга,
      күмүштөн топчу таккан дейт.
      Өгөй дебей, өз дебей,
      өрөзгөлөп баккан дейт.
      Атпай журт калың бугуга,
      акылы менен жаккан дейт,

      --деп ак таңдай ырчылар ыр берметтерин төгүп, даңазалап ырдап келишкен.


                           КУТЧУЛАР                                                                                                           (Мазмунга)

      Кутчулардын кыдык ичине келиши тууралу элдик санжырада ар түрдүү баян айтылат. Мунун басымдуусу Торгой баатыр менен Каработо бий жөнүндө.

      Бир вариантта Эркеган Торгойго карындаш болсо, дагы бир вариантта анын кызы болуп айтылат. Дагы биринде кыздын аты Эркеган эмес, Бойто деп аталат. Эмесе ошол варианттарга кененирээк токтололу. Куржун уулу Чолпоке Анжыяндын базарына мал сатып, көп пул менен келаткан экен. Кушчулар Таластын Бакайыр. Кең-Кол, Каракол деген жерлеринде турушкан экен. Ошол аймакты Каработо деген бий башкарып туруптур. Ошонун айылына келип Чолпоке бийдин үйүнө түшөт. Торгойдун Эркеган деген карындашы кутчу Чундук (Чулдук деп да айтылат) дегендин аялы болгондуктан куда да болушат, андыктан Каработо менен учураша кетүүнү да ойлойт. Чолпокенин акчасы көп экенин көрүп, көңүлү бузулган Каработо жигиттерине “тындым кылып койгула” деген тапшырмасын берет. Алар Чолпокени өлтүрүп, акчасын алып “ким көрдү” кылып көөмп, үстүн тегиздеп салышат. Ошентип кеткен боюнча Чолпокеден дайын жок. Чолпокенин өлтүрүлгөнүн билип калган эжеси Эркеган намыс үчүн деп “Торгой абам Чолпокенин кунун кууп алсын” деп бугуларга кабар айттырат.

      Инисинин дайыны билингенден кийин Торгой Таласты көздөй аттанды. Туугандары “жаныңа жигиттерден ал” дешсе, “Жигиттер менен барганда жолдогу элде жортуулчу деген ой болот. Каработо айыл үстүлүк кылып каршылык көрсөтсө, бөөдө кан төгүлөт. Башкалардын убалына калбайын. Өлсөм өзүм өлөйүн, туткун болсом жалгыз өзүм болоюн, эмне болсо да башка түшкөндү көрөйүн,--деп атын минип, жоо-жарагын алып жөнөп кетиптир. Карындашына деле барбай түз эле Кең-Колду жайлап жаткан Каработо бийдикине түшүптүр. Каработо дөөгүрсүгөн киши экен, теңсинбептир. Торгойдун кандай максат менен келгенин билип турса да, алдын-ала сөз айтпай, арты кандай болот деп сый көрсөтө берет. Торгой да шек алдырбай, ашык сөз сүйлөбөй жата бериптир. Акыры Каработо бийдин чыдамы кетип, айыл билермандарын чогултуп, Торгойго билгизбей өзүнчө кеңеш курат. “Баса жаткан немени билмексен болуп сынап көрөлү. Сынга толуп маанисин чечип берсе Чолпокенин дайнын билип, сөөгүн тапса, каалаганын кун ордуна алсын” деп бүтүм чыгарышат.

      Эртеси Торгойго бир күндө үч маал эт тартып, үстөкө-босток кол жуудурат. Ошондо Торгой мында бир сыр жатканын сезип —“Мунуңдун маани-жайы эмне?” --деп Каработого суроо салат. Анда Каработо —“Сен Чолпокени издеп жүрөт окшойсуң. Үч жолу тартылган эттин маани-жайы мындай—“Биринчиси, эгер Чолпоке тирүү болсо, кайда жүргөнүн билбейбиз. Экинчиси, эгер өлгөн болсо сөөгү кайда экенин билбейбиз. Үчүнчүсү, эгер таап алсаң, Чолпоке үчүн кун төлөбөйбүз. Андан көрө үч сапар жеген этиңдин кандай экенин айтып берчи”,--деп дөөгүрсүйт. Каработонун бой көтөрүп берген суроосуна:

      --Эми бий, эртең мененки тарткан эт бир жыл туу калган уйдун эти экен, бурталуу карын, сары жүрмөсү билектей болуп турду. Түштөгүсү эки жыл туу калган бээнин эти экен, түрүлгөн казы-карта, ийилген чучугу. Үчүнчүсү, башка жактан келгендерди коноктой турган таластыктардын “кул жебеси” экен, аныңды да калтырбай жеп койдум. (бузулуп, көгөрүп, жыттанып бараткан эт экен, Торгой жийиркенбей жеп коюптур). Ошол жерде отурган кушчунун аткаминерлери Торгойдун тапкычтыгына, баамчылдыгына жана сөз таап сүйлөгөн чечендигине ыраазы болушкан экен.

      Түн ортосунда Торгой жаткан үйгө жээни Жыргалбай келип, Чолпокенин кайсы жерге көмүлгөнүн айтып, ошол жерге барганда байкатпай жерди тээп коёрун билдирет. Эртеси Торгой кушчулардын жоон тобу менен келип, аларды каратып туруп, инисинин көмүлгөн денесин таап алат. Чолпокенин сөөгүн күйөө баласы Чундуктун үйүнө алып барып, ак кепиндетип, аруу жуудуруп, куранын түшүртүп, жаназасын окутуп жерге берет. Эки күндөн кийин Каработо бийдин үйүнө келип:-- Бийим, кун кубалоо чалпоолук болоор, түбү бир элбиз. Бирок, мага үч нерсе бересиңер,--деп талап кылат.

      --Айт баатыр, орундаталы. Күнөө бизден кетип калды, балдар балалык кылыптыр. “Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч” дейт эмеспи.

      --Эмесе бийим, элге барганда иниңдин куну үчүн эмне алып келдиң дешет го. Үч нерсеге талабым бар. Биринчиси, чаалыкпас, чарчабас, алыска чуркаар тулпар бериңиз. Экинчиси, качырганын жаземдебей алган алгыр куш бериңиз. Үчүнчүсү, алыска мээлесең таамай тийген, милтеси түз мылтык бериңиз—дейт. Ошентип Каработо бий үч талапты орундаткан экен.

      Торгой баатыр күйөө баласы, карындашы менен коштошуп, тулпарды жетекке алып, кушту колуна кондуруп, мылтыкты асынып элине жөнөйт экен. Келатып, булар Жыргалбайды жөн койбойт го, сен айтып койдуң деп бир балээ кылбасын деп ойлонуп, кайра тартыптыр. Келсе чын эле өзү ойлогондой кушчулар чогулуп, бака-шака түшүп, Жыргалбайды ортого алып, өлтүрөбүз деп калган болот. Торгой мылтыктын милтесине от коюп, асманды карай атканда кушчулар туш-тушка чачырап кетишет. Коштоп келаткан тулпарга Жыргалбайды мингизип, ал жерден чыгып кетишет. Элине алып келип, Жыргалбайга аял алып берип, өзүнчө түтүн кылат. Таякелерине келгенден кийин удаа-удаа келген жакшылык иштерден улам эл ичинде “бизге кут келиптир” деп айтылып жүрүп, Жыргалбайды кутчу атка кондурушуптур. Ошол Жыргалбай кыдык ичинде тиричилик кылып жүрүп, беш уул көргөн экен. Алар Жолчоро, Айдос, Чомой, Байкиши жана Баяке.

      Дагы бир айта кетчү нерсе 1903-жылы академик Пантусов деген келип, көл жээгиндеги урууларды изилдеп жүрүп, бир топ маалыматтарды берет. Ошол сакталып калган жазмаларда “Тоң аймагынын Улахол болуштугундагы Дөн-Талаа деген айылда 8 үй-бүлө кутчу жашайт экен. Анан Тоң болушунун аймагындагы Тоң суусунун оң өйүзүндө 82 үй-бүлө кутчулар жашайт” деп көрсөтүлгөн. XX -кылымдын 50-жылдарынын башында С.М.Абрамзон келип изилдегенде “Орто-Арык колхозунда 100дөн ашык түтүн кутчулар бар” деп жазат.

      Санжыранын дагы бир вариантында Торгой баатыр Таласка барып, Чолпокенин Каработо колдуу болуп өлгөнүн билет. Каработо Торгойго үч сапар эт тартып, үчүнчүсүндө кара койдун башын тарткан экен. Ошондо Торгойдун жини келип, башты ажыратып шашпай мүлжүп, тишин бирден чагып коюптур. Торгойдун бул кылыгын жактырбаган Каработо бир үйдүн ичине бардыгы бир кылка келген балдарды чогултуп, аларды жылаңачтап туруп Торгойду дагы бир ирээт сынамакчы болот. Торгойго ал балдарды көрсөтүп: --мынабу балдардын ичинен менин балам кайсынысы экенин таап берчи, --дейт. Торгой балдардын бирөөнү көрсөтүп, ушул сиздин балаңыз, --дейт.

      --Ии, муну кайдан билдиң?

      --Жаш киши жараткан баланын калтасы тартылып турат, Бул баланыкы шалбырап, салаңдап турат, жашыңыз өтүп калганда төрөлгөн балаңыз экен,--дегенде Каработо:

      --Мен сени жердеги быжыраган торгой экен десе, ободогу сайраган торгой турбайсыңбы,--деп Торгойдун баамчылдыгына тан берген экен.

      Санжырачылардын бири эжеси дейт, бири карындашы дейт, бирөө кызы дейт. Кыскасы Эркегандын бетинде чечек чыккандан калган чаары бар эле дешет. Торгой ошол Эркегандыкында болуп, ошол жерден Чолпокенин куну үчүн күлүк атты, кушту, мылтыкты алуу тууралу сүйлөшүшөт. Дагы бир санжырада Каработо бий дене түзүлүшү сымбаттуу, булчуңдуу жигиттерге жакшы кийимдерди кийгизип, колдоруна куштарды кондуруп, мылтыктарды асынтып чубатуудан өткөрүшөт. -“Элдин аягында жаман кийинип, атчан куш кондуруп, мылтык асынган абышка өтөт”- деп айтылат. Торгой чубатуудан өтүп бараткан жигиттерди жактырбай, артында келаткан абышканы токтотуп, атты, кушту, мылтыкты алган экен. Мында Торгойдун сынчылдыгы, баамчылдыгы көрүнөт. Башка бир вариантта Жыргалбай,--“Мен кырда туруп жакшы ат өтүп баратса атымдын жалын сылайм, мылтыкта ийинимди сылап, куш өтүп баратканда тебетейимди алып кайра кийем”,--деп белги берип тургандыгы айтылат.

      Каработо бий Жыргалбай айтып койду деп шекшип, анын буйругу менен айылын чаап алабыз деп жатканда Торгой Жыргалбайды ата-энеси, төрт жашар уулу Жолчорону кошуп көчүрүп келген экен. Келгенден кийин “Торгой баатыр кушчу эмес, кут ала келиптир” деген сөз тарап, алар кыдык ичинде кутчу аталып калышыптыр деп айтылат.

      Айрым санжырачылардын айтымында Торгойдун инилеринин бири Чолпоке өтө тың жигит болгон экен. Ал Таласта жүрүп, киши колдуу болуп каза табат. Бир топ киши кайсы бир жумуштар менен Торгойдун айылына келе жаткан экен. Бир аял кой кайтарып жүрөт дейт. “Торгойду баатыр дешет, баатырдыгы кайсы? Баатыр болсо инисинин кунун куубайбы” деп сүйлөнүп, анда-санда каргап да калат экен. Жанагы атчандар ошол аялга келип маани-жайын сурашса:

      --Чолпоке шордуу өлдү, Торгой баатыр деген агасы бар эле, ошол кунун кууп албайбы,--дейт.

      --Анда биз ошол Торгойдукуна баратабыз, айтып коёлу,--дешет. Алардан Чолпокенин дайнын уккан Торгой Таласка өзү жалгыз жөнөйт. Таласта Торгойдун турмушка чыккан кызы болот. Мурда Торгойдун агасы Түлөгул Таласта жүрүп, Каработо бийдикинде конок болуп отурганда Каработо:

      --Бул менин уулума такыр эле кыз жакпайт, айылыңарда башы бош кыз барбы?—деп сураганда Түлөгул:

      --Торгойдун кызы бар бирок, жакпайт го, чечек чыгып өңү серт, көзү чеч,--дейт. Ал жөнүндө айтканда уулу:

      --Өз кызы бекен?,--дейт.

      --Ооба, өз кызы,-деген жооптуу укканда:

      --Анда бир эмес, эки көзү сокур болсо да алам, мен катын албай кайын алайын деп жүрөм, -дейт.

      Таластан Торгойдукуна куда келатат деген кабар болот. Ага чейин Түлөгул Торгойго эч нерсе айткан эмес. Ошентип калыңына 300 борук берип, каада-салтын жасап. кызды Таласка алып кетишкен экен.

      Чолпокени издеп Торгойдун келаткан кабары Каработо бийге жетет. “Эгерде келиним чын эле Торгойдун өз кызы болсо атасы ыйлап келип учурашат” деп Каработо астыртан байкап көз салып турат. Ошондо Торгой кызы менен ыйлап келип учурашат экен. Торгой кудасы Каработо бийдикине жатып калат. Бир күндө үч сапар уйдун этин тартат экен. Кандай эт жедиң деген суроого:-- биринчисинде бир, экинчисинде эки, үчүнчүсүнө үч жыл туу калган уйдун этин жедим,--деп жооп бериптир. Чыт курсак балдарды тизип коюп, менин баламды таап бер дегенде, жаземдебей таап, белгилерин айтып берген экен.

      --Эми, Чолпокенин ажалы кудайдан болсо, себеби бизден болуп калды, кунуна эмне аласың,--дептир Каработо бий.

      --Үч эле айып алам, алыска чуркаар күлүк ат, кыраан куш, түз атаар мылтык. Айылыңды чубатып бер, өзүм тандап алам,--дейт Торгой. Ошондо жээни Жыргалбай жашы 12ге чыккан бала, Торгойдун жанында таяталап ойноп турган экен. Торгой талап кылган үч нерсесин тандап алып кеткенден кийин “Жыргалбай эле белги берип койду” деп аны өлтүрө турган болгондо энеси кара бээге жүгүн артып, качып келген деп айтылат. “Биздин башыбызга баш кошулуп жатат, кут келди” дешип, ошондон кутчу болуп калган дешет айрым санжыра айтуучулар.

      Насили кутчу, белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиев мындай дейт:

      --Торгойдун Чолпоке деген иниси жер кыдырып келатып таластык кушчу Тагайматтыкына конок болуп калат. Сөздөн сөз чыгып отуруп Тагаймат-”Беш уулум бар, ошолордун ортончусу кыз тандап эмдигиче бойдок жүрөт”,-- десе кудайы конок Чолпоке --“Торгой баатырдын жалгыз кызы бар, кудай таала аны акыл-эстүү жараткан. Бирок бир буту бир бутунан кыска, тили да келегей”,--дейт. Кыз жактырбай жүргөн Чулдук дароо эле:

      --Мен алам,--дейт Убада бекемделет. Кызды алып кетээр күнү жакындаганда Чолпоке Торгойдун айылын жасап-түзөп, журт жаңыртып калат.

      --Ээ жинди, эмне эле катын-калач, кыз-кыркынды дүрбөтүпп жатасың?—десе, жакшылыктын камылгасын көрүп жаткан Чолпоке:

      --Карындашты кудалап койдум эле, ошолордун келээр учуру болуп калды,-- дейт.

      Ошентип Бойто Таласка келин болуп барат. Таластыктар кыздын кебетесин көрүп, «бу Торгой баатырдын эмес эле күңүнүн же кулунун кызы болсо керек, кантип эле баатырдан ушундай кыз төрөлсүн» дешип күбүр-шыбыр болушат экен. Жүрө-жүрө Бойто акылы, адамкерчилиги, жөн билгилиги менен элге алынып, кадыр-барк күтөт.

      Арадан жылдар өтөт. Бойто бир жактан келатса чийдин арасында боздоп ыйлап, тезек терген жаш келинди көрөт.

      --Э айланайын, тергениң тезек, кудайга үнүң угулат, күйүтүң эмне?—деп сурайт.

      --Быжырак акенин элиненбиз (Торгойду быжырак деп тергешкен). Эрим экөөбүз ак үйлүүгө арыз менен келгенбиз. Эримди өлтүрүп, мени тезек тердирип койду,--деп келин буркурайт. Бойто:

      --Төк тезегиңди,--деп, келинди далысынан чапчып атына учкаштырат. Таластыктардын Каработо деген кыйынына келип:

      --Мобу келин менин төркүнүм экен, эрин быяктагылар өлтүрүп, өзүн тезек тердирип коюптур. Торгой баатырга кабар бересизби же ушу бойдон тым-тым кылып коёсузбу, бир жаңсыл кылыңыз,--деп, келинди жанагыдай далысынан чапчып жерге түшүрүп коюп, бастырып кетет. Каработо бий Торгой баатырды чакыртат. Торгойго урмат-сый көрсөтүлүп, өткөн-кеткенден моокуму канганча кеп козгоп отуруп, 3-4 күндөн кийин Каработо бий Торгойго суроо салат:

      --Куда, мен быйыл токсондун чайын ичип отурам, айтыңызчы, картайыптырмынбы?

      --Жок куда, сизге карылык жетпептир. Түн бою бир калыпта малдашыңыздан жазбай отурганыңыз сизге карылыктын жете элегинин далили. Карылыктын дагы бир белгиси – унутчаактык. Өткөн-кеткен, жер-суу, бешиктеги баладан алжыган чалга чейин бары эсиңизде экен. Картайган адам анчанын баарын эстеп жүрө албайт, куда,--дептир Торгой баатыр.

      --Айып этпесеңиз дагы сурайын. Үч күн ичкен кымызыңызда айырма барбы?

      --Биринчи күнү жалаң байтал бээнин кымызын бердиңиз, экинчи күнү 4-5 асый бээлердин кымызын ичтик. Үчүнчү күнкүсү жаш-карысы аралаш бээлердин кымызы. Ичкенге жумшак болсун деп уйдун сүтүнөн анча-мынча кымыран кошулуптур.

      --Баракелде, туура таптыңыз. Эми жаныбыздагы бир үйгө кирип чыгалы,--деп Каработо Торгойду башка өргөгө ээрчитип барат. Өргөнүн төрүнөн ирегесине чейин кең-кесири жая салынган шырдак, коломто, чыгдан, жыйылган жүк жок. Шым кийбеген он чакты эркек бала эмгектеп ойноп жүргөн экен. Каработо бий:

      --Ушу балдардын ичинде менден тукум барбы?—дейт. Торгой ар бир баланын калтасын сыйпалап көрөт да:

      --Мобу сизден төрөлгөн бала,--деп бирөөнү көрсөтөт.

      --Аны кантип билдиңиз,--дейт Каработо.

      --Билиш кыйын деле эмес куда, Улгайган карыядан төрөлгөн баланын калтасында бырыш болбойт.Уулуңуздун калтасы жылма тура,--дейт экен.

      --Бали, кыраакылыгыңызда да, сынчылыгыңызда да айып жок экен. Эми алдыңызда айыптуу экенибизди айтайын. Силер тараптан бир бечера жигит ак үйлүүгө келсе, биздин тентек балдар тамашалайбыз деп өлтүрүп алышыптыр. Тогуздап кун төлөгөнгө макулбуз,--дейт.

      -- Ыраазымын. Жердин түбүнө чейин мал айдамак кайдан. Ырым үчүн бир күлүк ат, бир мылтык, бир кыраан куш бердирсеңиз өлгөн жигиттин кунун кечели,--дейт Торгой.

      -- Айтканыңыздай болсун. Чубатуудан өткөрүп берейин, айткандарыңызды өзүңүз тандап алыңыз,-деп Каработо бий чубатуу жарыялайт. Торгой баатырдын жалгыз кызы Бойтонун уулу Жыргалбай баралына жетип, болуп-толуп турган курактагы, сынчылык жайы бар жигит экен. Таятасына:

      --Чубатуу учурунда маңдайыңызда турам. Сизге ылайыктуу күлүк, куш, мылтык өткөндө белги берем,--дептир. Чубатуу өтө берет, өтө берет, Жыргалбайдан белги болбойт. Чубатуу аяктаган кезде бир жүдөө чал мылтыгын тескери асынып, куш кондуруп, жүдөгөн ат минип эң артта келатат. Жыргалбай белги берет. Каработо бий аны кайдан байкасын:

      --Куда, кайра чубаталыбы,--деп сурайт.

      --Эки убара кылбайлы. Бизге буюрганы артта келаткан ат,куш,мылтык экен, ошону бердириңиз,--дептир. Жергиликтүү жигиттер күйүп-бышып:

      --Торгой билмек эмес, жээни Жыргалбай белги берди окшойт. Мыктылардан ажырап калат деген эмне. Жыргалбайдын эле кылганы бул!—деп ызырынышат.

      --Торгой баатыр өзү эле ченебегендей сынчы экен, менин сыноомдун баарынан жаңылбай өттү.Жээнинен шек санабай эле койгула,--дейт Каработо бий. Жигиттер бары бир Жыргалбайга кекенип калышып, эбин таап өч алуунун амалын издешет. Ошол учурда уруулар арасында чатак чыгып, чабышта киши өлөт. Жыргалбай өлтүрдү деген жалаа жаап, өлүк чыккан тарапты ишендирип салышат. Өч алууну көздөгөндөр «канга кан» деп, Жыргалбайдын көзүн тазалоо максатында казак султанынын уулун жалдашат. Казак жигит Жыргалбай менен дос экен, «жаныңды ала качып кутулбасаң акыры түбү сени соо коюшпайт» деп качырып жиберет.

      Жыргалбай энеси Бойтону, 4-5 жашар уулу Жолчорону, ишенимдүү жигитин алып, Меркени жердеп турган Жангарачка келип баш калкалайт.Жангарачтын жигити болуп, ишенимине кирет. Жангарачтын байбичеси кыраакы киши экен, байына айтат:

      --Бу кушчу акыр түбү «силер уулдан болсоңор, мен кызданмын, түбүбүз бир» деп таякелерин таап кетет. Жигити да өзүнөн кем калбаган тың жигит экен, ошону алып кал да алдына ат мингизип, үстүнө тон кийгизип, батаңды берип узатып кой- деп, Жыргалбайды энеси, уулу менен кыдыктарга жөнөтүп жиберген экен. Ошентип, таластык кушчулар көлгө келип кутчу аталып калыптырбыз.

      Таластан менин жетинчи атам Жыргалбай келген. Жыргалбайдын уулу Жолчоро. Жолчородон – Тыныбек. Тыныбектен – Эсенаалы. Эсенаалыдан – Дөнөмбай. Дөнөмбайдан – Абийир. Абийирден – Жакый. Жакыйдан – Бексултан. Бексултандан – Бакыт. Жыргалбайдын атасы менин сегизинчи атам Чулдук. Чулдуктун атасы Тагаймат. Тагайматтын атасы Кыстыян. Кыстыяндын атасы Кудайберген. Андан ары Кушчу (Кутчу). (М.Токсобаева. Торгой баатыр. Б., 2019. 62-66 беттер)

      Элдин санжырасы кайсы бир заманда пайда болуп, ал атадан балага калып, ооздон оозго айтылып келген. Ар кайсы доордо куйма кулак, кызыл тил санжырачылар өз чеберчилигине, дараметине жараша угуп, эсинде калгандарын айтып, алардан кийинкилер аны улантып, арбытып, кошуп айткандыктан. санжыра өз мезгилине жараша өзгөрүп отуруп, биздин күндөргө келип жетти. Ошол себептен, бир эле санжыра бир нече вариантта айтыла бере тургандыгы кадыресе көрүнүш. Айтылуу дөнөнбай санжырачынын небереси, өзү да санжырага аябай кызыгы жүргөн Шакир уулу Сатип аксакал Торгой менен Чундукту куда кылып, Эркегандын күйөөсү Жыргалбай деп айтып жүрөт. Сатип аксакалдын айтуусу боюнча Чолпоке Таластагы Каработо бийдин кол алдында “ак үйлүүдө” кызмат кылып жүргөндө өлтүрүлгөн делет. Бул жолу да насили кушчу, жээн Жыргалбайдын кыдык ичине келип туруп калгандыгы тууралу айтылган санжыранын бизге белгилүү бардык варианттарына кеңири токтолдук.

      Мезгилдер закымдап, жылдар тынымсыз алмашып жүрүп отуруп, Жыргалбайдын келгенинен бери эле үч кылым өтүптүр. Азыркы учурда Жыргалбайдын тукумдары өңүнө карап эл ичинде “Боз кутчу”, “Кара кутчу” деп аталып жүрүшөт. Буларды кыдык ичинде Орто-Арык кутчулары” дешет. Санжыра иликтөөчү Талканов Эрнис “...жергиликтүү санжырачылардын дээлик бардыгы бул кутчуларды Таластан ооп келишкен деп айтышат жана булардын Көл жээгинде байыр алып туруп калышына жергиликтүү Кыдык уруусунун туу көтөргөн баатыры Торгойдун ролу чоң дешет. Албетте, Торгой баатырдын “Орто-Арык кутчулары” үчүн 250 жыл мурун жасаган иши ат көтөргүс, ал үчүн баш ийип таазим кылуудан кутчулар эч качан баш тартпайт... “Орто-Арык кутчуларынын” кыдык элинин ичине сиңип урук болуп калыптанышы Торгой баатырдын эмгеги менен бирге эле өзүбүздүн түпкү аталарыбыздын да кыдык уруусу үчүн жасаган алгылыктуу иштери, сөз баккан, ой баккан кыраакылык сааттары да чоң түрткү болгондугун эске ала жүрүшүбүз абзел деп ойлойм. Бекеринен кыдык элинде " арабызга кушчулар келбей эле, кут келиптир деген сөз калбаса керек. (Э.Талканов. “Тоңдук кутчулар баяны”. Бишкек. 2021. 3-4-беттер). Ал эми “Кызыл кутчулардын Тоңго келип туруп калганы жөнүндө санжырада кандай айтылат, ушуга токтололу. Алардын түпкү атасы Кушчудан Сакалдуу, андан Атабак. Атабактан Шер. Санжырачы Талкан уулу Аламандын айтуусу боюнча илгери кайсы бир жылдарда насили кушчу Шер деген баба көрөөр күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнүп, дүйнө салган экен. Анын Абыкан, Кебек деген эки уулу жетим калат.

      Ачкачылык менен жокчулук жонунан баскан эки бала жансактоонун айынан Ысык-Көлгө турмушка чыккан эжеси бар экен, ошону издеп жолго чыгышат. Эки жетим жүрүп отуруп бир капчыгайга туш келишет. Көп төө жайылып жүргөн экен, арасында башында ноктосу бар, ботосун ээрчиткен төөнү буйлалап кармап минип алышып, сапарын улашат. Жаңыдан туулуп, анча телчиге элек ботосун боздотуп таштап салышат. Ботосу эле эмес, ингени да боздоп жүрүп отурат. Бекер улоонун табылганына сүйүнгөн экөө ингендин боздогонуна карабай келе беришет. Күүгүм кирип калганда экөөнүн алдынан ак боз ат минген, ак чапан кийген аксакал чыгып, тиги экөөнө кайрылат:

      --Айланайындар, ботосун боздотпой төөнү коё бергиле, батамды берейин, --дептир Ошондо балдар төөдөн секирип түшкөн экен. Абыкандын колунан буйланы алып, төөнүн мойнуна түрүп, Кебек боздоп турган төөнү коё берет. Тиги киши «Жолуңар ачылсын»--деп батасын берип, көздөн кайым болуптур. Ал кеткенден кийин Абыкан «Төөнү эмнеге коё бердиң, эми жөө калбадыкпы»-- деп Кебекти жемелейт. Экөөнүн колунда болгон азыгы баштыктын түбүндөгү эки аяк талкан экен. Суу болсо чалып ичип, болбосо кургак чымчып ооздоруна салып шимип келатышыптыр. Ошол талкандан сууга чалып ичип, уктап калышат. Күн шашке болгондо ойгонушса күчтүү тамак ичкендей ныксырап калышыптыр. Арадан күндөр өтүп, эл кыдырып, жер кезип жүрүшүп, Тоңдун Кара-Орток тоосунун Үч- Коргон деген жерине туш болушуп, ушул жерди байырлап, үйлөнүп, бала-бакыралуу болушат. Абыкан Аким, Жагыш деген эки балалуу болот. Ал эми Кебектен Коңурбай, Торутай, Келгенбай деген үч уул болгон экен.

      Күндөр өтүп, бул эки үй-бүлөнүн жашоо-тиричилиги улана берет. Абыкан оокаттуу, мал-жандуу болуп, байып кеткен экен. Малынын туягын санаган, чычканга кебек алдырбаган адамга айланыптыр. Кебек болсо бир тууганынан айырмаланып, оокаты күнүмдүк тиричилигинен ашпаган кедей болуптур. Өзүнүн маңдай тери менен тапканына топук кылып, үй-бүлөсүн ачка калтырбай бакканына шүгүрчүлүк кылып жүрчү экен. Күндөрдүн биринде жамгыр жаап турганда Абыкандыкына ак сакалдуу, колунда таягы бар бир мусаапыр келет. Абыкан иттерин тукуруп, мусаапыр үйгө үч кирсе, үч жолу айдап чыккан экен. Канчалык айдактап, тукуруп жатса да иттер мусаапырга үрбөй коёт. Абыкан иттерге ачууланып, малайларына иттерин сабатат экен. Иттери каңшылап, ызы-чуу түшкөн Абыкандын короосунан чыгып, мусаапыр чал Кебектикине кирип келгенде Кебек жаман алачыгынан тура калып, жерде салынып турган таардын үстүнө кийип турган тонун чечип сала коёт. Чал тондун бир өңүрүн кайрып жиберип, көчүк басыптыр. Кебек жалгыз коюна бата тилетип, союп, казанга салмак болгондо коногу:

      --Арка-мойнун эле сал, калганын алып кой,--дейт. Эт бышып тартылганда жолоочу бир чымчып ооз тийип туруп, мындай дейт:

      --Баягыда силер төө минип алдымдан чыкканда мен бата бердим эле, Бата агаң Абыканга көбүрөөк тийип, сага азыраак тийип калган турбайбы,--деп, мусаапыр жолоочу колун жууп сыртка чыгат. Ал бир азга эки жакты карап туруп—«Эртең бир ала бел кулжа Туюк-Төрдүн суусу менен агып келет. Башын кесип мамыга сайып, корооңдун оозуна илип кой. Этин бала-бакыраң менен жеп алгыла»,--деп бетине бата тартып жолуна түшөт. Эртеси аксакал айткандай эле кулжа агып келет. Кебек кулжаны союп, мусаапыр айткандай кылат. Арадан күндөр өтүп, Кебектин жашоосу оңолуп байып кетет. Малы көбөйүп, Коргонду- Булактын үстү, Тастар-Атанын этегин жайлап калат. Ошондон бери ал жер «Кебектин жайлоосу» деп аталып келет. Бүгүнкү күндө Абыкан менен Кебектин тукумдары да “Кызыл кутчу” аталып, тоңдук кушчулардын бир бөлүгүн түзүп турат.

      Айрым санжырачылар “Кызыл кутчуларды” Жолчоронун уулдары Жаныбек, Кулубек жана Тыныбек көлдүн күңгөй тарабынан көчүрүп келишкен деп айтып жүрүшөт. Андан бери 5-6 муун алмашып, болжол менен 180 жылдай убакыт өткөн экен

      Насили кушчу Шер тукумдарынын Тоңго келиши жөнүндөгү санжыранын ушундай эле мазмунун Шоорук уулу Акун да айтчу экен. Бул тууралуу ал кишинин тондуу уулу, азыркы Эшперов айылынын тургуну Акунов Асанбай аксакал ырастап берди. Ал эми, кызыл кутчу Кагазды уулу Үчкемпир тууралу эл ичинде төмөндөгүдөй уламыш айтылат: Ал бир кезде өтө бай, телегейи тегиз жашаган адам болутур. Үчкемпирдин жети уулу, жети кызы болупп, мартабасы ашып-ташып турган кези экен. Ал бир күнү пендечиликке алдырып, “Жети уулумду бир күндө үйлөнтүп, жети кызымды бир күндө күйөөгө берем” длеп текеберлик кылган имиш. Ошондон көп узабай анын 7 уулу да, 7 кызы да бир күндө дүйнөдөн өтүп кетиптир. Ошентип күйүткө батып, байбичеси экөө мүңкүрөп калган дешет. Экөө жер кезип, мазар кыдырып, кудайдан тиленип зарлап жүрүшүп, эркек балалуу болушкан экен. “Ушул баланы кудайдан сатып алдык” деп ырымдап атын Сатыбалды коюшуптур. Сатыбалды бой жеткенде Кыдыралейхисаламга жолугуп, аны менен чогуу жүрүп, окупп билим алып чоң молдо болуп чыккан дешет. Ошентип Сатыбалды эл ичинде Даамолдо аталып кеткен экен. Ушул Даамолдонун тукумдарынан тарагандар Кызыл кутчулардын бир бөлүгүн түзүп турушат.

      Жыргалбай менен Шердин урпактары биригип, кутчу аталып, алды болжол менен 300 жылга жакын, арты 180 жылдан бери кыдык уруусунун ичинде туруп, карт тарыхтын катаал да, татаал да сыноолорунан кыдыктар менен чогуу татыктуу өтүп, бир уруу жамаат болуп, бир жайлоону жайлап, бир кыштоону кыштап дегендей, арасынан кыдык уруусунун тарыхында айтылып калган татыктуу инсандарды чыгарып, ушул күнгө чейин “тоңдукпуз” деп сыймыктанып келе жатышат.

      Кыдыктын жакшылык уругундагы Борбу уулунун ичинде да бир нече түтүн кутчулар бар. Алардын качан, эмне себептен келгендиги тууралуу маалымат жок. Алар Борбу уулу менен илгертеден бери эле чогуу жүрүшүп, түтүн болуп калышкан.

      Кутчу урпактары бүгүнкү күндө Бөкөнбаев айылынын Орто-Арык, Таш-Дөбө, Таш-Жон жана Кара-Ой участкаларында ошондой эле Дөң-Талаа айылында жашап турушат.


                          “БЕШ БАЛА”                                                                                                           (Мазмунга)

      Эми кыдык ичиндеги беш бала уруусу жөнүндө баян кылалы. Айтылуу Мырзакул мырзанын Алсейит, Тынымсейит деген уулдары болуп, Тынымсейиттин урпактары бугу элинин бир бутагын түзүп турушат. Тынымсейит бабабызга чейин генеологиялык жактан эсептегоенде 14-15 муун өтүпп, ошондо ал киши XVI кылымда жашаган болот. Анын мезгили жоокерчилик мезгил болуп, Тынымсейит баатыр аталып, калмактар басып киргенде аларга каршы күрөштө нечен курдай кан майданга аттанып, өмүрү ат жалында өткөн инсан болгон экен. Ал кезде бугу уруусун Тынымсейиттин агасы Алсейит бий башкарып турган. Алсейит бий менен калмак коңтаажысынын ортосунда бирде оң, бирде сол мамилелери болгондуктан, аларды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Тынымсейит бир нече жолу бугунун билермандары менен чогуу Алсейит бийди коштоп, калмак ордосунда болгон.

      Тынымсейит бабабыздын Турга жана Сула деген эки аялы болуптур. Экөөнүн тең төркүндөрү калмактан экен. Улуу байбичеси Турганын согончогу канабаптыр. Кичүү аялы Суладан Кабели, Шалтак, Мортук деген уулдарды көрөт. Булардын ичинен кийинчерээк Мортук хан болгон экен. Ошондуктан санжырада ал кишини хан Мортук деп жүрүшөт. Жылдар өтүп, бала-чака өсүп, түтүн көбөйүп, башынан эле бугу бай келет эмеспи, ошого жараша Тынымсейиттин балдарынын да малы көбөйүп жайыт тарый баштагандыктан Тынымсейит өз алдынча жер, жайыт бөлдүрүп алып, агасы Алсейит бийдин макулдугу менен жалпы Орозбакты тукумдарына ажырашаяк берип, Ысык-Көлдөн Нарын бетине көчүп кетет. Бала-бакырасы менен күтүрөгөн малын айдап келип,, ал кезде ээн жаткан Оттуктан Он-Арча суусуна чейинки аймакты ээлеп жатып калышат. Ушул жерде Тынымсейиттин тукумдары өсүп-өнүп, азыркы мезгилде да жашап турушат. Санжырачылардын айтымында Тынымсейит бабабыздын сөөгү Миң-Булак деген жерге коюлган экен. Арадан көп жыл өткөндөн кийин, кайсы жыл экени белгисиз кыш катуу болуп, жазында жут келип, мал-жанга абдан кыйынчылык болуп калганда тынымсейиттер кайра Ысык-Көлгө көчүп келишиптир. Көлдө бир нече жыл жашап турушуп, кайра Нарын бетиндеги көнгөн жерине кайтып кетишкен экен. Мына ушуга чейин XVIII кылымдын башынан, анын экинчи жарымына чейинки жарым кылымдан ашык мезгилде Тынымсейит тукумдары батыш жагы Какшаалдан тартып, чыгышы Лобнор көлүнө чейинки кеңири аймакта бир жерге байыр албай, көчүп-конуп жүрүшкөн экен. XVIII кылымда болжол менен 20-70-жылдар аралыгында жалпы бугу уруусун Жамангул баатырдын кичүү уулу Белек бий башкарып турган. Ал эми бугунун бир бутагы болгон тынымсейит уруусун ошол кезде Мортуктун уулу Жаманак баатыр билип турган экен.

      Санжыра боюнча тынымсейит тукумдарын сүрүштүрө келсек, Кабелиден Токтомуш, Отор деген эки уул. Токтомуш атабыз 3 аял алган экен. Биринчи аялы Дурбук энеден Качы, Качыке, Койке жана Чынкожо. Экинчи аялы Үсөнай энеден Абийир, Булан, Жамангул, Кожош, Куланбай, Туумай, Тынаалы, Шоңко жана Сарала. Үчүнчү аялы Буурчак энеден Жалгамыш, Дүйшөгул, Мамат, Маркабай. Сатыке жана Сарткозу. Кабелинин балдары көп аял алган экен, ошондон эл ичинде “Кабелинин балдары карды тойсо катын издейт” деп айтылып калган дешет. Кабелинин Отор деген экинчи уулу Кытай менен Ооганстандын чек арасындагы “Сүмбө” деген калмак айылына барып жашап калып, азыркы мезгилде андан тараган тукумдар ошол жакта экен.

      Тынымсейиттин дагы бир уулу Шалтактан Бактыгул, Кабак деген эки уулу бар экен. Бактыгулдун Меңдибек, Чабалдай, Күмүш деген үч аялы болуптур. Меңдибек байбичеден Байкөчөк, Конок деген эки уул, ортончу аялы Чабалдай энеден Кешикчи, кичүү аялы Күмүш энеден Атакозу (Актаз), Кожоке (Каратаз) жана Эсенгелди (Кызылтаз) үчөө тең таз экен.

      Шалтактын Кабагынан төрт уул: Калча, Кемел, Түгөлбай жана Түмөнбай.

      Тынымсейиттин Мортук (хан Мортук) деген уулу эгиз балалуу болгон экен: Улуусу Жаманак баатыр, кичүүсү Токтогул. Жаманак баатырдын да үч аялы бар экен. Калыбек энеден Кашкары, Кемпирээк, Кожояр. Тотуя энеден Алдаяр, Мамат жана Ырысбай. Аян энеден Болот, Жаныбек жана Тыныбек.

      Мортуктун эгиз уулдарынын кичүүсү Токтогулдан Акбагыш, Долу, Сопу, Өкүм, Дарбан, Көкүм, Көөкара, Чыйбыл жана Шааназар (Термечик) деген тогуз уул болгон.

      Эми, биз кеп кыла турган “Беш баланын” атасы Токтомуш, анын атасы Кабелинин азандагы аты Калбек болгон. Калбек дене бою келишкен, сымбаттуу, бир караган адамга сүйкүмдүү, өңдүү-түстүү, бажырайган ажарлуу жигит экен. Ал бир теңтуш жигити менен ылайыктуу колукту издөө максатында жер кыдырып, эл аралап жүрүп, саяк элиндеги каба уруусунун айылына туш келет. Экөө бул айылды байырлап, бир нече күн туруп калышат. Бул убакта Калбек кабанын жигиттеринен ишенимдүү досторду күтүүгө үлгүрөт. Айрыкча ал айылдын кыз-келиндерине жагып, алар Калбекти бири-биринен кызганып, ага болгон ашыктык сезимдерин билдире албай, кыздар арасында тымызын атаандашуу жүрөт. Калбек өзү да ошол кыздардын арасынан ай чырайлуу сулуу кызды жактырып калат. Жуучу жиберип, кызга сөйкө салдырып, ата салты боюнча бардык каада-жөрөлгөлөрү жасалып, ошол кызга үйлөнөт. Каба уруусунан кайын-журт күтүп, каба тукумдары менен өзгөчө ымала түзүп, алар менен жамаатташ жүргөндүктөн “Калбек каба болуп кетти” деген сөз тарап, эл аны Кабели деп атап калган экен. Бала кезинен эле элге жугумдуу болуп бой жеткен Кабели алым-беримдүү, сөзү өтүмдүү, өрүшү кенен. байгер, жоомарт адам болуп, көпчүлүктө беделдүү, кадыр-барк күткөн экен.

      Кабели кайтыш болгондо анын бүт байлыгы, мал-мүлкү уулу Токтомуштун колунда калат. Бөлөк талашаар-тартышаары болбогондуктан, атадан калган байлыкты андан ары өстүрүп, көбөйтүп отуруп, Токтомуш тынымсейит ичинде эң бай адамга айланган. Атасынын көзү өткөндө Токтомушка жылкыдан эле 2000 баш мураска калган экен. Нарындагы Он-Арчанын ичинде жалаң Токтомуштун жылкылары жер бетин бербей, кокту-колотторду ээлеп жатчу экен. Кыскасы, Токтомуштун дүнүйө-мүлкү дүркүрөп өсүп, өрүшүндө төрт түлүгү жайылып, абдан байгерчиликте жашап жүрүп өткөн экен. Бир атанын балдары болсо да энелери бөлөктүк кылыштыбы, айтор бир туугандардын арасында ынтымак кетип, пикир келишпестиктер келип чыгат. Улуу эки байбичеси Дурбук менен Үсөнайдын балдары токолдун балдарын кодулап, ыдык көрсөтө баштайт. Улуу байбичелер да күнүлүк кылып, балдарын кой деп койбой калыстыктан тайып, токолдун балдарына каршы болушат.

      Атадан калган мал-мүлктү энчилеп бөлүштүрө келгенде эки улуу байбиченин балдары теңдеп бөлүп алышып, Буурчак эненин балдарын дүнүйө-мүлктөн да, төрт-түлүктөн да эч нерсе бербей теңдеп бөлүп алышып, кыргызда эзелтен келаткан салт боюнча күйөөсү өлгөн жесирди ага-туугандардын бирине башын байлап, никелеп коюу адаты бар. Буурчак эненин да башын байламак болгондо ичинде таарынычы бар неме баш тартат, мына ушундан кийин Буурчак энеге бул жерде туруш кыйын болуп калат. Анын балдарына да оңой эмес эле, атадан энчи албагандан кийин Буурчак эненин алты баласынын да келечеги бүдөмүк эле. Эми Нарында жашоо мүмкүн эмес экенин түшүнгөн Буурчак эне балдарын ээрчитип, төркүндөрүнө көчүп кетет. Ал кишинин төркүндөрү Баткендин Лейлегин жердеп турушчу экен.

      Санжырачы Чочой уулу Абдылда (атасы Миңжашар) Буурчак эненин төркүнү анжыяндык жедигер уруусунан болот десе, Тогузбай уулу Барыктабас, Жамгырчы уулу Ашуубай, Түйтөк уулу Султангазы сыяктуу башка санжырачылар эненин төркүнү кыпчак болгон деп да айтышкан. Эненин төркүндөрүнүн жашап турган жери бирде Анжыян, бирде Лейлек деп айтылышы боюнча эки ача пикир болушу мүмкүн эмес. Себеби, санжырада Кыргызстандын түштүгү жалпы жонунан Анжыян деп эле аталчу.

      Насили “беш бала”, Бөкөнбаев айылынын тургуну Алышеров Кадырдын айтуусу боюнча Токтомуштун үч аялынан тышкары Шонай жана Дурбугай деген эки калмак аялы болуп, Алардан эки уулу бар экен. Буурчак эне алты баласы менен төркүнүнө кеткенде бул экөө балдары менен Нарында кала беришиптир.

      Ошентип Буурчак эне балдары Дүйшөгул, Мамат, Маркабай, Сатыке, Жалгамыш жана Сарткозу болуп, Лейлекте жаңы жашоо баштайт. Дүйшөгул менен Мамат балдарынын улуураагы болгондуктан энесинин оорун колдон, жеңилин жерден алып, бир туугандарына баш-көз болуп, ынтымактуу чоңоюшат. Таякелери жээндерине өз алдынча күн көрүп, оокат кылып кетишсин деп колдон келишинче энчи бөлүп, болгон жардамын аябастан, бардык шартын кошо түзүп беришет. Ошентип таякелеринин жардамы менен башынан эле идиректүү балдардын тиричилиги жакшырып, тың оокат кылып, эл катарына кошулуп кетишет. Жээндеринин жасаган аракетине, кылган иштерине ыраазы болгон таякелери—“Биз менен насиптеш болгула, эч нерсе чыгарбай эле бизге кошулуп, шерине ичип жүргүлө”,--деп шеринеге кошуп алышат. Алты бир туугандын бешөө таякелери менен шерине ичип, кичүүсү Жалгамыш бойго жете элек болгондуктан, шеринеге катышчу эмес экен.

      Ошондон улам “Баш бала” кайда жүрөт, “беш баланы” чакыргыла, шеринеге келип, тамак жеп кетишсин”—деп таякелеринин айтканынан улам бул жерде жүргөн Токтомуштун балдары “беш бала” аталып калган экен. Күндөр өтүп, “беш бала” таякелиринин эле ишенимине ээ болбостон, чечкиндүүлүгү, намыскөйлүгү, тыңдыгы менен элге белгилүү жигиттерден болушат. Көчмөндүү заманда уруулар ортосунда жайыт талашып, биринин жылкысын экинчиси тийип кетип, ошонун кесепетинен кагылышуулар, чыр-чатактар чыгып, мындай окуялар кадыресе эле көрүнүш болгон. Жээндер бойго жетип, каруу-күчкө толуп, таякелерине ишенимдүү жардамчы, кубаттуу жөлөк-таяк болуп калышты.

      Дүйшөгул баштаган “беш бала” таякелеринин жылкыларына көз салып, аларды ууру-кескиге алдырбай, жылкыга тийип айдап кетем дегендердин катыгын колуна берип, таякелеринин намысын колдон чыгарбай коргоп жүрүштү. Дүйшөгул алты бир туугандын экинчиси экен, олбурлуу, балбан билек, эр көкүрөк жигит болуптур. Күндөрдүн биринде кадырлуу, бир белгилүү адамга аш берилип, ага Кашкар менен Алайдан, Чүй менен Суусамырдан, Талас менен Олуя-Атадан, Нарын менен Ата-Башыдан, Көл менен Текестен эл жакшылары чакырылып, кыргыз, казак, өзбек, уйгур, калмактан түп көтөрүлө эл келген экен. Оюн-зоок ирээти менен өткөрүлүп, эр сайышка кезек келгенде каршы тараптан эңгезердей болгон, нечен сайыштарда далай найзакерди аттан кулаткан, эл арасында “зөөкүр”, “канкор” атыккан найзакер чыгыптыр. Таякелер тараптан ага каршы чыга турган киши табылбай бир канча убакыт өтүп кетет. Ошондо калың элдин арасынан бирөө чыгып,--“Эй, тээтиги жээндериңдин арасынан бирөө жокпу, кармап туруп найзага салып жибергиле. Жеңсе жеңгенин көрөөрбүз, жеңилсе аны көрөбүз. Өлүп калат десеңер, өлүп калаар, сурап алаары бар беле”,--деп кыйкырып жатат дейт. Карап тургандардын бир тобу—“Туура айтат, өлсө бир жээн өлөөр, андан кемип калмак белек”,--дешип кыйкырып чыкканды колдоп жиберишкен экен. Ошондо тиги кыйкыргандарга жини келип, намыстанган жыйырма жаштагы Дүйшөгул эр сайышка чыккан экен.

      Эки жолку беттешүүдө найзакерлер бири-бирин сайып түшүрө албай, кармаш катуу болгон экен. Үчүнчү жолку беттешүүдө Дүйшөгул “беш бала” деп кыйкырып келип, атаандашын акырек тушка урганда, катуу соккуга туруштук бере албай ат үстүнөн оодарылып, жерге түшкөн экен. Жарданып турган таякелер тарап да Дүйшөгулду колдоп, “беш бала”, “беш бала” деп сүрөөнгө алып кыйкырып турушуптур. Ушул эр сайыштан кийин Дүйшөгулду баатыр деп, ал эми Токтомуштун балдары “беш бала” деп аталып калыптыр. Мына ошолордун атынан Тынымсейиттин “беш бала” уруусу жаралыптыр.

      Таякелери менен ичкен шеринеге барганда Буурчак эне балдарына,--силер ар бир шеринеге барганда таякелериңерден бирден баштык шак сурап, ала келип жүргүлө,-- деп, жер төлөнүн бир бурчунан ороо каздырып, анын боорун эчкинин жүнү кошулган ылай менен шыбатып, арча отун жагып ороонун ичин күйгүзүп, карапа сымал кылып даярдап коёт. Шеринеге барган сайын алып келген шакты ороого куйдура берет. Ошентип ороонун ичинде бозо ачып, күчүнө келе берет.

      Бир күнү Буурчак эне улуу баласы Маматты чакырып алып—“Сен барып таякеңден эки кой сурап кел, тамак ичип алып жөн калмак белеңер, шерине бери койгула”,--деп эки кой алдырат.Койду союп, баягы ороонун оозун ачып, аябай кордолгон бозону сүзүп, таякелерине шерине тамагын беришет. Мындай күчтүү ичимдикти ичип көрбөгөн таякелер мас болуп калышат да, ошонун айынан чоң чатак чыгып, мушташ болот. Ошондон кийин--“Атаңдын оозун урайын, биз буларды “беш бала” деп эркелетип, ээрчитип жүрсөк, булар “беш бала” эмес эле, беш балээ турбайбы”- деп таякелеринде таарыныч болот. Ал ортодо арадан мезгилдер өтүп, балдар биринин артынан бири бой жетип, намыс алдырбаган жигиттер болушат. Аларды көралбагандар чыгып, таяке-жээндердин ортосуна от жагып, чагым салгандар, ар кандай ушак-айың кептер айтыла баштады. Эр сайышка чыгаарда айтылган сөз Дүйшөгулдун эсинен кетпей, көкөйүнө тийип калган экен. Ал аз келгенсип, “беш бала” эмес, беш балээ турбайбы” деген сөзгө бир туугандар намыстанып жүрүштү. Ортодо айрымдардын айткан чагымчыл өйдө-төмөн кептери таякелерге да таасир эткен көрүнөт, алар да өз ара кеңешип, “Беш баланын түрү бузук, улам күчөп кылыктары чыгып жатат. Эл арасындагы сөздөр бекер жерден чыкмак беле, андан көрө ушунчасында эли-жерине жеткирели,--деп сөз бекитишет. Дүйшөгул да бир туугандары менен сүйлөшүп—“Элин сагынбас эр болбойт, эли жок эр жетим. Эли-жерибизди таап кетели”--деп бир бүтүмгө келишет. “Беш бала” таякелерине келип ойлорун айтканда алар да туура көрүшүп, жээндерине ак жол каалап, бата беришип, көчүү-конуусуна көмөк көрсөтүшкөн экен.

      Ошентип Токтомуштун Буурчак энеден төрөлгөн уулдары-- Дүйшөгул, Мамат, Маркабай, Сатыке, Жалгамыш жана Сарткозу бала-бакырасы, мал-жаны менен төрт тарабы шай, аман-эсен Нарын бетиндеги тынымсейит туугандарына көчүп келишип, Он-Арчаны турук кылып, ошол жерде жайлап-кыштап калышат.

      Токтомуштун калмак аялдарынан төрөлгөн дагы эки баласы болгон деп айтканбыз. Таякелеринен келген балдар аталаш, энелери бөлөк ушул эки бир тууганына ыдык көрсөтүшүп, алардын малын айдап кетип, Он-Арча капчыгайына өрдөтүп жиберип, өздөрү капчыгайдын оозун ээлеп отуруп алышып, малын издеп келген калмак аялдардын бала-бакырасын уруп-сабап, кайра кетирип турушкан экен. Ошондо калмак аялдардын балдары “беш баланын” кылык-жоругун айтып, тегерек-чекедеги тынымсейиттерге арызга отурушат. “Беш бала” эми байбичелерден төрөлгөн бир туугандарына да тийиштик кылып—“Силер бизге энчи бөлүп бербей, бизди тентитип жибергенсиңер, энчибизди бергиле”-- деп, алардын да малын айдап кетип чыр чыгара беришкен экен. “Беш баланын” мындай ыдык көрсөтүүсүнө, чектен чыккан кылык-жоруктарына чыдабаган нарындык тынымсейит тукумдары чогулуп келишип, өздөрүн сабап, жылкыларын айдап кетишип,--мындан ары тынч жүрбөсөңөр, дагы катуу чара көрөбүз—деп кетишкен экен.

      Нарында тууган ичине батпай калганын сезип, бул жерде кордук көрүп жүргөнчө Ысык-Көлдөгү туугандарга барып оокат кечирели деген ой менен “Беш бала” көл тарапка ооган экен. Ошол мезгилде тынымсейиттин Мортугунун тукумдары (Токтогул, Жаманактан тарагандар) көлдүн Тоң аймагын жердеп турушкан экен. Мына ошлентип, “Беш бала” Тоңго келип байырлап калып, ошол күндөн ушул күнгө чейин Тоңдо жашап келатышат. Кийинчерээк тагдырдын жазмышы менен ар кандай жагдайларда “Беш баланын” айрым тукумдары Көлдүн ар кайсы жерлерине чачырап кеткен экен. Түптүн Сары-Көл айылында (азыр Ак-Суу районуна карайт), Түптүн Ой-Булак, Ак-Суу районундагы Чолпон, Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Дархан, Жалгыз- Өрүк, Жеңиш, Ак-Дөбө айылдарында турушат. “Беш бала” уругунун басымдуу бөлүгү Тоң районунда жашайт. Алар райондун Ак-Сай, Көк-Сай, Бөкөнбаев жана Туура-Суу айылдарында тиричилик өткөрү жатышат. Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында жашапп, иштеп жүргөндөр да бар. Дагы бир айта кетчү нерсе Кытай Эл Республикасында 1916-жылкы Үркүндө барып, ошол бойдон калып калган “Беш баланын” тукумдары бар экендиги.


                           КЫПЧАКТАР                                                                                                           (Мазмунга)

      Эми, кыдык уруусунун ичиндеги кыпчактар жөнүндө баян кылуудан мурда тарыхка бир аз көз жүгүртүп көрөлү. Кыпчактар Борбор Азия элдеринин тарыхында чоң орунду ээлеген байыркы элдердин бири болгон. Көчмөндүү доордо байыркы кыргыз, катаган, меркит жана башка элдер менен үзөңгү кагыштырып, далай тарыхый окуялардын күбөсү болуп, кийин тагдырдын жазмышы менен элдүүлүгүн жоготуп койгон. Азыр алардын өкүлдөрү кыргыз, казак, өзбек, каракалпак, башкыр элдеринин арасында өздөрүнүн байыркы атын сактап, уруу катары жашап келишет. Кыпчактар узакка созулган тарыхый процессте кыргыз элинин түзүлүшүнө жана калыптанышына активдүү катышып, кыргыз урууларынын бири болуп турат.

      Кыпчактардын түпкү жайгашкан жери Фергана өрөөнү болуп саналат. Санжырачылардын айтымында алар бул аймакка эки жолу эки тараптан келишкен экен. Биринчисинде Чумач бийдин тушунда Кашкар тараптан келишет. Экинчисинде, кыпчактар чыгыштан монгол жапырыгында сүрүлүп келишкен экен. Кыпчактарды монголдор “сокку берүүчү топтор” катары пайдалангандыгы тууралу тарыхый маалыматтарда айтылат. Алар тынч тура албаган жоокер эл болгондуктан чыгышы Борбор Азия талааларынан, батышы Орол суусуна чейинки, андан ары Дон менен Эдил дарыяларынын аралыгындагы жерлерде, Кавказ тоосунун түндүк этектеринде, Крым тоосундагы кеңири аймактарда көчүп-конуп жүрүшкөн. Ушунун баарында алар түрк тилдүү элдер менен тыгыз карым-катнаш жасоонун натыйжасында бара-бара аларга тектеш болуп кеткен. Башка көчмөн элдер сыяктуу эле кыпчактар да ар түрдүү топторго бөлүнүп, ар кайсы жерде көчүп-конуп жүргөндүктөн XIII кылымда монгол жапырыгына туруштук бере албай, алардын бир бөлүгү Днепр жана Дунай дарыяларынын бойлоруна чейин сүрүлүп барып, кийинчерээк Батыш Европага чейин жетишкен.

      Кичи Азияга барган кыпчактар араб бийлөөчүлөрүнүн кол алдында сакчы болуп, аскердик кызмат аткарышкан. Алар “мамлюктар” деген ат менен белгилүү болушкан. XIII кылымдын орто ченинде мамлюктар бийликти басып алып, араб дүйнөсүндө өздөрүнүн үстөмдүгүн орнотушкан. Мамлюк-кыпчактардын үстөмдүгү XIX кылымдын башына чейин созулган. Египет башкаруучусу Мухамед Али жалпы 24 эмирликтин башында турган кыпчак төбөлдөрүн бардык кызматкерлери менен жок кылууга буйрук берип, натыйжада 480 кыпчак аткаминерлери өлтүрүлгөн. Бул окуя 1811-жылы болуп өткөн. Ошентип, мамлюктардын араб элинин үстүнөн болгон бийлиги кулатылган. Мындан сырткары Алтын Ордо хандыгынын кыйрашы да кыпчактардын таасиринин төмөндөшүнө алып келип, алар бытырап. бөлүнүп-жарылууга дуушар болушту. Мына ушундан тартып, алардын алыстан- жакындан ата - тегин сураштырып, ага-тууган издеп топ-топко бөлүнүп, жер кезип жашаган мезгили башталды.

      Талаа кыпчактарынын басымдуу топтору казак биримдигине кошулуп кетишип, казактын орто жүз, улуу жүз уруу бирикмелерин түптөштү. Башка бир бөлүгү өзбектерге кошулуп, “өзбек-кыпчак” болуп калышты. Чыгыш Түркстанда турган кыпчактар кыргыздар менен канатташ жашагандыктан, мындан аркы тагдырын түпкү теги бир кыргыздар менен байланыштырып, карт тарыхтын албуут толкунунда жуурулушуп, кыргыз кыпчактары келип чыккан.

      Ушундан тартып, кыргыз коомунда кыпчак уруусу өзүнүн ордун таап, андагы орчундуу тарыхый окуяларга активдүү катыша баштаган. Кыргыз жерине бүлүк салып, кыргыз урууларын туулуп-өскөн жеринен сүрүлүп кетүүгө аргасыз кылган калмак баскынчыларына каршы боштондук күрөшүн жүргүзүүдө кыпчак уруусу эркиндикке чыгууга умтулган эр жүрөк уруу катары белгилүү болгон. Кыпчактан чыккан Курманбек баатырдын, Шырдакбек хандын ысымдары эл эсинде түбөлүккө калды.

      Кыпчак уруусунун башчысы Өмүр мырза калмактарга каршы көтөрүлүштүн башында туруп, ферганалык кыргыздардын башчысы кушчу Кубат бий менен бирдикте Фергана өрөөнүн калмактардан бошоткон.

      Кокон хандыгынын тушунда алайлык кыргыз Алымбек датка сыяктуу эле кыпчактан чыккан Мусулманкул миңбашы менен Алымкул миңбашы хандыкта абдан таасирдүү орунду ээлеп, ички жана тышкы саясатты аныктап турушкан. Экөө тең ар кайсы жылдарда хан сарайында “аталык” милдетти аткарышкан.

      Кыпчак өзү тээ түбүнөн бери эр көкүрөк, согушчан, өкүмдар элдин урпагы болгондуктан, тигил же бул тарыхый окуялардын чордонунда жүргөндүктөн, кыпчактардын башынан далай кайгылуу учурлар өткөн. Ошондой окуялардын бири – “Кокон кыргыны”. Мусулманкулга каршы кутум уюштурулуп, колу-буту кишенделген Мусулманкулдун көз алдында кыпчактар кырылган. Мына ошондо калган-каткан кыпчактар шаар-кыштактардан качып чыгып, тоодогу түпкү ата конушуна, боордош, кандаш туугандарына келип кошулган.

      Илгери тагдырдын жазмышы менен келип туруп калышкан кыпчактардын өкүлдөрү Тоң жергесинде бабабыз Кыдыктын тукумдары менен чогуу бир атанын балдарындай болуп, ынтымактуу жашап келишет. Насили кыпчак болгон ар түрдүү уруктардан болушкан алардын ата-бабалары кыдык ичине ар кайсы мезгилдерде айрым-айрым үй-бүлөлөр болуп келишкен. Алардын алды XIX кылымдын орто ченинде келсе, арты XX кылымдын 30-жылдарында келишкен өңдөнөт. Чабылып-чачылып, ар кайсы кыргыз урууларынын арасында күн кечирип жүргөн айрым кыпчак үй-бүлөлөрү феодалдык уруулук коомдун көчмөндүү турмушунан келип чыккан түрдүү көйгөйлөрдөн улам жер которууга мажбур болушкан.Уруулар ортосундагы тынымсыз болуп турган чыр-чатактар кыпчак эле эмес, бардык эле кыргыз урууларына терс кесепеттерди алып келип турган. Айрыкча XIX кылымдын ортосундагы капсалаңдуу, өтө кайгылуу бугу-сарыбагыш чабышы андан кийинки орус оторчуларынын кесепеттүү жер-суу саясаты, улуу Үркүн элдин тагдырына эң оор балта чапты. Өлүм-житим, жакырчылык менен жокчулук белден басып, азган-тозгондор көбөйдү. Айрымдар көр турмуштун айынан тынчыраак жашоо издесе, айрымдары кыргын-сүргүндөн качып дегендей, көрүнгөн жерде, көрүнгөн элде калып, күлү додо болбогону андан ары жер кезип, уламадан улап, уккандардан сурап жүрүп, баш калкалай турган тууган издеп, акыр аягында алыс-жакын болсо да, түбү бир тууганын тапканына сүйүнүп, маңдайына жазганын көрүп, кудайдын кылганы деп шүгүрчүлүк кылып туруп калгандар болду.

      Мына ушундай эбепке-себеп болгон оош-кыйыш жагдайлар менен насили кыпчак уруусунан болгон айрым үй-бүлөлөр да кыдык ичине келип туруп калышты. Алар өздөрүнүн түпкү атасын Шырдакбек деп эсептешет. Шырдакбектен Тайлак, андан Торуайгыр-Куубагыш-Кудайберди болуп келе берет. Ошондо бүгүнкү муундан тартып эсептегенде Шырдакбек алардын 11-муундагы атасы же, ага чейин 11 муун өткөн болот.

      Токторбай уулу Орозонун (бул киши 90дун жоон ортосуна барып, 1989-жылы каза болгон) айтуусу боюнча алардын ата-бабалары Жалал-Абад тараптагы Чаңгыр-Бел (Чамбыл-Бел деп да жүрүшөт) деген жерде жашап турушкан экен. 1852-жылы Кудаяр хан тарабынан Мусулманкул өлтүрүлүп, Кокондогу кандуу кыргын мезгилинде Кудайберди бабабыз колуна курал алып, бир нече жигит топтоп, кокондук жазалоочуларга каршылык көрсөтүп, Фергана кырка тоосунун түштүк батышындагы кокту-колоттордогу кыргыз-кыпчак айылдарынын коопсуздугун сактап турган экен. Саны 40 чамалуу кокондуктарды, алардын ичинде кожо-молдолору да бар экен, Кара-Дарыянын жээгине алып келип, карактап алгандан кийин, баарын күч менен сууга айдап киргизип, агызып өлтүрүшкөн экен. Күч жагынан дагы, сан жагынан дагы артыкчылык кылган кокондук аскерлерге туруштук бере албай Кудайбердилер качып, жашынып жүрүүгө аргасыз болушкан.

      Кудайбердинин кайын-журту бугу элиндеги белек уруусунан экен. Үй-бүлөсүнө коркунуч туулгандыктан аялын беш баласы менен Көгарт суусунан өткөрүп—“Аман-эсен төркүнүңө жетип алсаң, ыңгайы келгенде артыңардан барамын”,--деп калып калган экен. Ал кишинин кийинки тагдыры белгисиз болуп калганына караганда, кокондуктар тарабынан кармалып өлтүрүлгөн болсо керек. Кудайбердинин аялы балдары менен узак жол жүрүп, көп кыйынчылык менен акыры Ысык-Көлгө келип жеткен экен. Алар кыдыктардын арасына келип, Сүттүү-Булактагы каракөйнөк Койсойбос бийдин айылында туруп калышат. Кудайбердинин үй-бүлөсүнүн чоо-жайын сурап билгенден кийин Койсойбос бий улуу эки баласын—Чоробай менен Урабайды алып калып, калган үч баласы менен аттап-тондоп аялды төркүнүнө – Сары-Булактагы Балбайдын айылына жеткирип коёт. Койсойбос атабыз бир туугандары Ураалы менен Байботону чакыртып –“Үйүңөргө киргизип, көз салып, күтүп алгыла, Булар тегин жерден эмес, түбү бектин тукумдары экен, “Ынтымак жугушат, ырыс оошот” дейт, келечеги жакшы болоор”,--деп агасы Ураалыга Чоробайды, иниси Байботого Урабайды тапшырып берген экен. Эки бир тууган ушул айылда жүрүп, өсүп жетилип, үйлүү-жайлуу болот. Чоробайдын Алжанбай, Чолпонбай, Жаркынбай, Токторбай, Баяман, ал эми Урабайдын Кенже деген уулдары болгон. Чоробай бала-бакырасы менен “Ураалы кыпчак” аталып, ал эми Урабай “Байбото кыпчак” аталып. каракөйнөккө түтүн болуп калышкан экен.

      Кийинчерээк буга-сарыбагыш чабышынан көп жыл өткөндөн кийин болжол менен XIX кылымдын 80-жылдарында кыдык уруусу Жети-Өгүздөн Тоңго келип жайгашкан мезгилде Кудайбердинин бир тууганы Шаамырзанын Эсенаман, Алчынбай деген уулдары тууган издеп келип, буларга кошулган экен. Эсенаман, Төкөбай, Жанболот жана Төрөгелди деген уулдарды көрөт. Алчынбайдын Боштай, Сагынбек Өмүрзак жана Осмон деген уулдары болгон. Булар Байбото кыпчагына келип түтүн болушат. Булар тууралу Токтосунов Бакай карыя айтып берген эле.

      XX кылымдын 90-жылдарынын баш ченинде “Уралы кыпчак”, “Байбото кыпчак” аталыштары калып, алардын тукумдары жалпы эле “Кыпчак” аталышына өтүшкөн. Буга байланыштуу Намазалиев Кыштообай аба:--топ кыпчак Ураалы, Байботонун эзүүсүнөн кутулуп, эгемендүүлүккө ээ болдук,--деп элди күлкүгө бөлөгөн жайы бар.Учурда Кудайберди менен Шаамырзанын урпактары Темир-Канат. Эшперов айылдарында, Бишкек, Каракол. Балыкчы шаарларында, ал эми Кудайбердинин калган үч уулунан тарагандар Түп районундагы Сары-Булак айылында жашап турушат.


                           ЧЕЧЕЙЛЕР                                                                                                           (Мазмунга)

      Эми, сөз тизмегин чечейлер жөнүндөгү баян менен улайлы. Санжырада Кылжырдын Орозбакты, Дөөлөс деген эки уулу болуп,

      Дөөлөстөн Токо, Жантай, Элчибек, Манап деген төрт уулу бар экендиги айтылат. Дөөлөстүн улуу баласы Токо тың чыгып, ал тургай хан шайланып, өмүрү өткөнчө эл башкарып турган экен. Токонун биринчи аялынан жалгыз эле Күмүшай деген кызы болуптур. Эркек бала көрбөй жүргөн Токо Өзүк, Молой, Чагалдак деген балдарды багып алып, өз баласындай багып өстүргөн экен. Буларды үйлүү-жайлуу, мал-жандуу кылып, эл аралатып жүрүп, уруу башчылык даражасына чейин жеткириптир.

      Насили казак Абыла, Сабыр деген жигиттер чоң чыр-чатакка кабылып, баштарына коркунуч түшкөндө из жашырып качып келип, Токону эш тутуп, анын айылында туруп калышат экен. Токо бул экөөнү жигит кылып алып, аларды үйлөнтүп, жайлантат. Токонун кызы Күмүшайдын калыңына келген Карасакал, Чоңкалдай деген кулдары болгон. Токонун уулу Чечей калмактарга жортуулга барып, Дорма, Долой деген эки жигитти туткундап келип, атасына берет экен. Токо адилет, боорукер жана кайрымдуу инсан болгондуктан булардын барын карамагына алып, өзүнүн баласы Чечейден кем көрбөй камкордук кылгандыктан санжырада булар Токонун бакма балдары катары айтылып жүрөт.

      Эми, Токонун уулу Чечейдин өзү жөнүндө кененирээк токтололу. Эл оозунда бирде Чүй суусунун Берикташ тоосу тараптагы жээгинде, бирде Иле суусунун сол өйүзүндө деп айтыла берет, Кененбай деген адам жашап туруптур. Кененбайдын улуу кызы бойго жетип өзүнө көз арткан айылдаш жигиттерди, алыстан жуучу түшүп келгендерди жактыра бербей жүргөн кези экен. Ошол кыз Дөөлөстүн уулу Токо калыс, кайрымдуу болуп, жигит курап, эл башкарып, калың журтка төбөсү көрүнүп калганын, бирок эркек баласы жоктугун угуп калат. Басса-турса Токо оюнан чыкпай сыртынан аны жактырып, --“Эгер ага турмушка чыксам, эркек бала төрөп берип, аны да бактылуу кылып, өзүм да бактылуу болом го”,--деп тилек кылып жүргөн болот.

      Күндөрдүн биринде Токо жигиттери менен казак тараптан келе жатат деген кабарды угуп кыз эч кимге билгизбей атайын Токонун жолун тосуп чыккан экен. Кирип турган сууну кечип келип, суунун ортосундагы аралчага чыгып, атын кайра сууну кечирип бош коё берип, Токону күтүп турган болот. Кыз болжогондой эле бир канча убакыттан кийин Токо жигиттердин коштоосунда сууну жээктеген жол менен келип калат. Аралчада турган кызды көрүп, алып чыккыла деп жигиттерине буйрук кылат. Алар кирип турган суудан айбыгып, тарткынчыктап турганда,--анда эмесе өзүм барайын,--деп Токо сууга кирмек болгондо—“Коё туруңуз баатыр, мен барайын, мен турганда сиздин барганыңыз туура болмок беле”,--деп Чеченабий деген жигит сууну кечип барып, кызды өңөрүп келет. Кыз адам суктанаарлык татынакай экен.Токо—“Муну сен куткарып калдың, сен аялдыкка ал”,--дегенде Чеченабий—“Сиздин жашыңыз да, жолуңуз да улуу эмеспи”,--деп баш тартат. Ошентип, Кененбайдын бул кызын Токо экинчи аял кылып алат. Токолдун кош бойлуу болуп калганын көргөн байбиче ич тардык кылып, аны кемсинтип, көралбастык аракеттерди арбыта берет экен. Эки аялдын чыр-чатагы күчөп отуруп, акыры ойго келбеген окуя болот.

      Бир күнү токол суунун жээгинде кир жууп отурса, байбиче келип күнүлөшүнө ачуу сөздөрдү айтып, адатын кармата баштайт. Ачууга алдырган токол байбичени сууга түртүп жиберет. Чалкасынан кеткен байбиче суудан чыгууга шайы келбей агып кетиптир. Бул окуяны киши көрбөгөндөн кийин токол билмексен болуп үйгө келет.

      --Байбиче кайда жүрөт?,--деп Токо сураса,--Суунун жээгинде калды, мен кирди көтөрүп келе бердим,--дептир токол. Ошол бойдон байбичеден дайын жок. Бир нерседен кооптонгон Токо жигиттерин жумшап, алар суунун жээгин издеп жүрүшүп, байбичени таап келишет. Ажалы жок экен, өлөөр-өлбөс араң жаны менен жээкке чыгып калыптыр. Үйгө алып келишкенден кийин кийим которуп, жылынып далайда барып тилге келиптир. Болгон окуяны байбичеден уккандан кийин Токо бул эки аялынын мындан ары да тынч жашабасына көзү жетип, көпкө түйшөлүп, ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры токолунун башын ачып Чеченабийге берүүнү чечкен экен.

      --“Бул экөө бир үйдө бир казандан аш ичип, бир очокко от жагып жашай албай калды. Бөлүп жиберейин десем төрөп алган балдары жок. Токолдун боюнда менин канымдан жаралган бала бар. Сен суудан алып чыгып, аман калды эле, токолдун башын ачып, сага никелеп берейин.Эгер эркек бала төрөсө, багып чоңойтуп, кийин ата экенимди айтып туруп кайра өзүмө бер. Эгер кыз бала төрөлсө өзүң багып ал”,--деп чын көңүлдөн чыккан оюн айтты. Башынан эле Токого жан-дили менен берилип, кызмат кылып, аны бир туугандан артык көргөн Чеченабий анын оюнан чыга албай макул болот. Ошентип, токолдун башы ачылып, Чеченабийге никеси кыйылып, анын аялы болуп калат.

      Арадан эки-үч ай өтүп, эркек бала төрөлөт. Баланын башы кашка, төбөсүндө чачы жок экен. Ошондуктан ичтен ооруп айыккан чечектин калдыгы экен деп ырымдашып, азан чакырып, баланын атын Чечей деп коюшуптур.Чеченабий чоң той берип, элдин батасын алган экен. Чеченабий баланы өз баласындай көрүп, багып чоңойтуптур. Өзү жигит башы болгондон кийин Чечейди согуш куралдарын пайдалануу ыкмаларын, дегеле согуш өнөрүн үйрөтүп тарбиялаган экен. Бала кезинен чогуу ойноп чоңоюшкан теңтуштары төбөсүндө чачы жок болгондуктан, Чечейди “таз төбө” деп айтып жүрүшүп, ал кошумча ысымга ээ болуп. Тазтөбө аталып кетиптир.

      Арадан жылдар өтүп Чечей бойго жеткенде баккан атасы Чеченабий, жигитке өз атасы Токо экенин билгизип, аны Токого кайтарып бериптир. Токо баатыр көп эл чакырып, ат чаптырып чоң той өткөргөн экен. Баланы багып өстүргөнү үчүн Чеченабийге жер бөлүп берип, көп мал тартуу кылып, анын ыраазычылыгын алган дешет. Ошол тойдон көп өтпөй Токо баатыр уулу Чечейди үйлөнтүп-жайланткан экен. Санжырада Чечейдин кыргыз ичинде төбөсү көрүнгөн инсан болгондугу айтылып жүрөт. Токонун балдарынын ичинен эң мыктысы Чечей болуп, Токо баатыр аны жортуулдарда өзү менен кошо алып жүрүп, анын баатыр аталып калышына жана эл-жер аралатып, көптү көрсөтүп, көптү билгизип жүрүп, эл башкарып калышына атасы Токонун салымы чоң болгон.

      Чечейдин Алым,Мендибай жана Байтерек деген үч уулу бар. Чечейдин (Тазтөбөнүн) тукумдары ушул үч атадан тарайт. Ушул үч атанын урпактары Нарын областынын Ат- Башы, Нарын, Кочкор райондорунда, Чүй областынын Кемин, Чүй, Сокулук райондорунда таралып отурукташкан. Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Төрт-Күл айылында да бир нече түтүн чечейлер жашайт. Чечейлердин Тоңго кандайча келип калганы тууралу Төрт-Күл айылында жашап өткөн Мамбетов Акималынын айткандарына токтололу. Ал киши Чечейдин 11-муундагы урпагы болот. Чечейден Алым андан Маанаке – Казыбек —Касымбек – Бейшенбай -Жумабай - Ыша – Супатай –Кубакай андан Акималы.

      Мамбетов Акималынын кесиби педагог. Көп жылдар бою ар кайсы мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеп, жаш муундарга билим, тарбия берип келген. Райондук элге билим берүү бөлүмүндө усулчу, партиянын Тоң райкомунда инструктор болуп иштеген. Бул киши “Чечей уруусунун санжырасын” жазып, басмадан чыгарган. Чечейдин урпагы Ышанын Андаш, Алчынбек, Супатай жана Коңур деген уулдары болот. Ушул төртөө Кеминдин Алмалуу деген жеринен Тоңго жер которуп көчүп жөнөшөт экен. Эми Мамбетов Акималынын жазганы боюнча баян кылалы.

      “Булардын арасынан Супатай күчтүү чыгып, мал уурдап билинип калып, жергиликтүү бийлик ар бир малдын түрүнөн тогуздап айып салат. Ошол убакта бир туугандарынын улуусу Андаш үйлөнүп, калгандары бойдок болгон. Андаштын аялы Тоң өрөөнүндөгү жалгап уруусунан болгон. Анын агасы ошол кезде бий экен. Андаштын аялы Супатайдын жеңеси—“Өзүбүздүн колубузда болгону бир байталдан башка эч нерсебиз жок. Супатай, сен Кеминде калгын, биз менин төркүндөрүмө Тоңго кетебиз”,--дейт. Супатай жеңесин энесиндей көрчү экен –“Жеңе, мени да ала кеткиле, экинчи мындай кылбаймын”--дейт. Ошентип бир туугандар Тоңду көздөй бет алышат. Супатайдын эки кап буудайы бар экен, байталдын бир жагына алачыгын артып, бир жагына бир кап буудайды артышат. Бир кап буудайды Супатай өзү жалгыз Кеминден Тоңго чейин жөө көтөрүп келет. Ошол эки кап буудайын “жазында үрөн кылам” деп эч кимге жедирбейт. Жаз келет. Супатай суу алып келе турган түз жер тандайт. Азыркы Туура-Тамдын түндүк тарабындагы жер. Ал жерде чий бийик өсүп, төө кирип кетсе көрүнчү эмес экен. Жеңесинин агасы, жалгап уруусунун бийи Супатай жер айдаганга буурсун жана өгүзүн берет. Ошол кезде Тоңдо эч ким буудай айдабай, Жети-Өгүз тараптан сатып алышчу экен. Супатай кичүү инисине өгүздү жетелетип, өзү жер айдап, сепкен экен. Кийин эгин текши, жакшы өсүп чыгат...

      ...Супатай буудайын сугарып жүргөн кезде ары жактан келе жаткан курал-жаракчан эки каракчыны көрөт. Алардан жашынып, суу жеп, аң болуп, чөп жаап калган жерге жатып алат. Тиги каракчылар келип таппай, “азыр эле ушул жерде жүрдү эле, анан чыгаар, ушул жерге жата туралы” деп аттарынын ээр-токумдарын алып, тердиктерин алдыларына салып, ээрлерин жазданып уктап калышат. Супатай чыгып караса аттары алыстап оттоп жүрүшкөн экен. Буттарында чидер. Супатай аттарды дагы алыс жетелеп барып, чидерлерин таш менен чагып, бирөөнү жайдак минип, экинчисин жетелеп кеткен экен. Жайлоого баргандан кийин казанга кыл арканды кайнатып туруп аттарга ороп койгон. Аркан тийген жерге ак жүн чыгып, аттардын өңү өзгөрүлүп, таанылбай калган.

      Жай келгенде Супатай “мен Чүйгө тууганыбыз Каргага барып, сүтүн ичип турганга бир уй сурап келейин”-деп Чүй тарапка жөнөйт. Каргага барса уй бербей, кара жарма ичирип жаткырып коёт. Ага жини келген Супатай түн ортосунда туруп, Карганын жакшы көргөн төөсүн минип, Тоңду көздөй жол тартат. Таң атып калган кезде артынан бакан көтөргөн эки жигиттин карааны көрүнөт. Төөдөн секирип түшүп, топусунун ичине таш салып, төөнүн буйласына байлап (буйла – бул төөнү байлаган жип), эки жигит жакындаганда байланган топусу менен экөөнү тең тизеге чаап аттарынан түшүрүп, алардын аттарын жана төөнү жетелеп Тоңго келет.

      Арадан бир ай өткөндөн кийин “унаанын күчүн сурап келейин” деп Супатай кайра Чүйгө жөнөйт. Каргага келип, унаа сурайт. Карганын жигиттери Супатайды түнү бою кайтарып чыгат. Супатай түшкө чейин уктап жатып алат. Унааны ала албагандан кийин түштө туруп, кеттим деп жолго чыгат. Карганын үйүнөн алыстагандан кийин кайра айланып, Карганын жайылып жаткан коюна барып, сакалы белине жеткен койчусун байлап, кырк иригин бөлүп, Кеминден айдаган Анжыянга барып сатып жиберип, Тоңго келет.

      Будайы бышкандан кийин чаап, бастырат. Эгиндин түшүмү аябай жакшы болот. Чай ичип келейин деп иниси Коңурга эгинди каратып коюп алачыкка кирет. Бир маалда артынан Коңур чуркап келет. Эгинге бир кооз чымчык конуп, сайрап туруп учуп кетти дейт. Ошондо Супатай:- “дыйкан чачты” деген ушул, буюрса кудай берет”,- дейт. Түшүмү жакшы болду деген кабарды угуп, жеңесинин агасы—баягы бий-“Кой берсе кой капка, тай берсе тай капка, торпок берсе торпок капка салып сатасың”,--деп өз-өзүнчө кой кап, тай кап, торпок кап тиктирип берет. Эгинин сатып бүткөндөн кийин эле байып, турмуштары оңолуп калышкан экен. Кийин деле жер айдаганын таштаган эмес экен. Бир жылдары жазында бала-бакырасы менен эгин сээп жатса, ары жактан өгүз минген бир киши келет. -“Супатай, сен эгин сээп жаткан турбайсыңбы” – деп кетип калат.Болду-болбоду бул биздин бул жакта экенибизди байкап калды, бүгүн түнү ууруга келет, мен малга кеттим,--дейт Супатай малына барып, кой короонун ортосуна жатып алат. Түн ортосунда баягы балбан ууруга келет. Койлор удургуйт. Койлордун арасындагы Супатай келген ууруну көрүп, чөк түшүп отуруп калат. Баягы келген балбан караңгыда койлорду жаза-буза кармап, жакшы кармай албай келип. чөк түшүп отурган Супатайды мойнунан кармайт да “сен кимсиң?” деп чочуп кетет. “Мен атаңдын башымын” деп көтөрүп уруп, аркан менен таңып салат. Эртеси алып барып жыйынга салат.

      Супатайдын үч аялы болгон. Үч аялынан 12 балалуу болот. Биринчи аялынан Мамбет, экинчи аялынан Абдыкалык, үчүнчүсүнөн Кубакай жана кызы Калдык дегендер эле тирүү калат. Абдыкалык 16га чыкканда каза болот. Үчүнчү аялы чоң, олбурлуу, сөөк-саактуу киши экен. Супатай төөгө жүк артканда төөнү чөгөрбөй туруп жалгыз жүк жүктөчү дешет. Төөгө жүк жүктөгөндө үчүнчү аялын чакырып алып, бир капты көтөрүп төөнүн бир капталына жөлөтүп коюп, алысыраак барып кайра келчү дейт. Аялы Супатай келгенче капты кыймылдатпай жөлөп турчу экен. Супатай 50 жаштын тегерегинде Тоңдун Сырт жайлоосунда Жылуу-Сууга түшүп жатканда жүрөгү кармап өлгөн дешет.

      Супатай чоң атабыз өлгөндө анын улуу баласы Мамбет үйлөнгөн жигит экен. Супатайдын бүтүн мал-мүлкү Мамбетке өтүптүр. Анткени, Супатайдын башка балдары жаш болгон. Мамбеттин бою 2 метрге жакын, бетинде чечек оорусунан калган тактары бар сүрдүү киши болгон экен. Жыйын болгондо элдин арасынан Мамбеттин көкүрөгү көрүнүп турар эле деп анын иниси Кубакай атам айтаар эле.

      Чечей Мамбет келгенде чай берген келиндер коркконунан калчылдап калышчу экен. Мамбет соодагер болуп, Анжиянга мал айдатып, соода кылып, Анжияндан элге керектүү (кездеме, мата, чепкен, зер буюмдарын жана ээр токум) товарларды Тоңго алып келип, Караколго чейин сатып турчу экен.

      Атасынан калган жерди айдатып, септирип, түшүм алып жүрчү экен. Мамбет ошол убактагы эл башкарган Тоңдун төбөлдөрү менен жакшы мамиледе болгон. Чечейлерге баш-көз болуп, чүйлүктөр деп кодулагандардын сазайын берип жүргөн. Эл жайлоого көчкөндө кезек-кезеги менен туугандарын жакага (жака деп тоңдуктар кыштоону айтышат) таштап, эгин сугарганга коюп кетчү экен. Жайлоодон келсе Жунуш деген тууганы, Мамбетке Сагаалынын (Сагаалы ошол кезде Тоңду башкарып турган) иниси Сагынбай кодулап, күн көрсөтпөй жаман кылды деп ыйлайт. Бир күнү Мамбет Жунушка келип, атка мин, кеттик- деп ээрчитип барып, тээтигинде Сагынбай кетип баратат, ме, мылтык менен атып сал. Мен жооп берем-дейт. Жунуш коркуп, алдастап, мылтык менен атканда Сагынбайга ок тийбей калат. Сагынбай атын чапкан бойдон кырды ашып, качып жоголот. Ошондон кийин Сагынбай чечейлерге жолобой калат.

      Бир күнү губернатордун жигити келип: “Мамбеттин үйүрүндөгү айгырды кармап бергиле, Балгартты кечип өтөм”-дейт. Тоңдун жайлоосунда Балгарт деген суу бар. Нарын суусунун башы болуп калат. Түштөн кийин суу киргенде чоңоюп, айгыр менен кечип өтүшчү экен. Мамбет болсо айгырдай болгон ат берейин десе болбой, Жасоол Мамбет менен мушташа кетет. Мамбет ошондо коркпой туруп, Жасоолду аябай сабап, жолуна салган дешет.

      Эл жайлоого көчкөндө байлардан келиндер кой кармап калган салт бар экен. Мамбет көчүп жатса, Сагаалынын туугандарынын аялдары кой кармап алабыз деп келишет. Мамбет койлорго тийбегиле десе болбой, койлорду кармай баштайт. Мамбет келиндерди ат менен жөөлөтүп, кубалап ийет. Ошол келиндердин бирөөсүнүн күйөөсү бозого тоюп алып, Мамбетке келип:- “Эмне сен менин аялымды жөөлөтөсүң?”-деп ороңдойт. Ороңдогон немени аттын үстүнөн үзөнгү боого басып туруп, камчынын сабы менен отуз эки тишин күбүп салган экен. Эртеси Сагаалы Мамбетке келип, “Тиги жиндиге эки кой берип койсоң кутуласың”-деп койгон экен.

      1916-жылы элдин баары Кытайга шашып, көчүп жаткан учурда, туугандарын токтотуп, -“Бышып турган эгинди бастырып ала кетели, эртең эмне жейсиңер” -деп, эгинди бастыртып, жүктөп, туздан да жүктөп алып, жолго чыгат. Азыркы Эшперов айылында жашаган Жүдөмүш деген досуна барып, -“Мени менен көч, бирок мен Кытайга барбаймын. Мен түш көрдүм, ошол жерге барабыз”-дейт. Досунун энеси олуя чалыш киши экен- “Ыйык чечейди ээрчигин”-деген экен. Эки-үч ашуу ашкандан кийин, “мына ушул коктуда болобуз” дейт. Коктунун оозунан төө жүгү менен араң баткан кууш болот. Коктунун ичи аябай чоң, жайык болот. Күнгөй тарабында кар токтобой ачык болуп, кыштоого ылайыктуу, тескей бети жайлоо болуп, мал-салы менен аман-эсен ошол жерде жата беришет. Алысыраак барып, өткөн-кеткендерден кабар алып турушат.

      1917-жылы ак падыша тактан түшүптүр деген кабарды угуп, кайра өз жерине көчүп жөнөйт. Жолдон коктуларда орустар кырып салган адамдардын сөөктөрүн көрүшөт. Андан ылдыйлап көчүп келе жатып, алардан биринчи көчүп келген элге жолугушат. Чечей Мамбет көчүп келе жаткан турбайбы деп, кой союп, сыйлашат. Этин жешсе даамсыз, Көрсө, алардын тузу түгөнүп калган экен. Ошондо Мамбет баягы элге бир кап туз таратып берген дешет. Өз жерине чечейлер мал жаны менен аман-эсен көчүп келген экен.

      1920-1930-жылдардын ортосунда чечейлер Чүйгө кетебиз деп баары көчүп жөнөйт. Жолдун ортосуна жеткенде Мамбет туугандарын токтотуп: “Мен Чүйгө барбайм. Барганда ушунча малым менен кимден жер талашам. Бул жакта чечей Мамбет деген атым бар. Тигил жерге барганда мен киммин аларга. Ким Чүйгө барам десе, кете берсин”-дейт. Ошондо туугандары экиге бөлүнүп, бир бөлүгү кайра Тоңго кайтып келген экен.

      Мамбет кол алдында кызмат кылгандарга да жакшы карачу экен. Эки-үч жыл иштегендердин оокаттары оңолуп, бөлүнүп кетишкен. 1930-жылдары Мамбетти кулака тартышкан. Кулактан үч жолу качып келген экен. Качып жүргөн убакта, түн жамынып, үйүнө анда-санда келип кетчү дешет.

      Ошондо мен үч айлык бала экенмин. Менин атам Кубакай Мамбеттин иниси болгон. Ымыркай баланы карап туруп Мамбет: “Ушул бала менин атымды чакырат”-деп айтыптыр. Мамбеттен бала болгон эмес. Акырында “Мамбетти кармайбыз”-деп кол алдында иштеп жүргөн эле кишилер курчап калат. “Ушул иттердин колунан өлгөнчө”-деп мылтык менен атынып алган дешет. Мамбеттин үч аялы болгон. Мамбет өлгөндөн кийин мени чоң жеңесине (өзүнүн баласын) алып барып берген экен, “эрмек кылгыла” деп. Менин Мамбетов Акимаалы болуп калганымдын себеби ошол. (Мамбетов А. “Чечей уруусунун санжырасы 205-210-беттер).


                           ЖЕДИГЕРЛЕР                                                                                                           (Мазмунга)

      Элдик санжырада Тагай бийдин биринчи аялынан Богорстон, Койлон жана Кылжыр. Койлондон жедигер эли тарайт. Өз боюна такай көз салып, түрлөп кийинип, жасанып жүргөндүктөн, эл арасында “Кооз жедигер” аталып калган дешет. Жедигер уруусу байыркы уруулардан болуп, кыргыз этносун негиздөөгө катышкан, жалпылык катары белгилүү. Манас эпосунда жана элдик тарыхта жедигерлер тууралуу жана жедигерден чыккан Эр Толтой тууралуу айтылат. Санжырачылар айткан маалыматтарды карап көрсөк, жедигер уруусу оң канатка да сол канатка да кирбейт экен. Мына ушул жерде ача пикир келип чыгат. Биринчиси: Койлон-айтылуу Тагай бийдин балдарынын бири, ал эми Койлондон жедигер санжырада Тагай тукумдарынан тараган уруулар, негизинен, оң канатка кирет. Бул жагынан алганда жедигер уруусу оң канатка таандык болот.

      Экинчиси: жедигер уруусу башынан эле уруулар ортосунда болуп келген чыр-чатактарга көбүрөөк аралашып, барымтачы уруу катары белгилүү. Жедигердин тамгасы “кылыч тамга, урааны Каратал”. Мына ушундай эле белгилер сол канатка кирген басыз жана кытай урууларында да бар. Жедигер өз тарыхында бул эки уруу менен бирдикте жашоо кечирип келген. Демек, мындан жедигер басыз жана кытай урууларынын жалпылыгын көрүүгө болот.

      Жогоруда айтылган эки пикирден башка дагы бир жагдайды эске алуу керек. Жедигер уруусу эчактан бери эле азыркы Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагында жашап келген. Алардын бул аймактарга качан жана кайдан келгендиги тууралуу такталган маалымат жок. Айрым санжырачылар калмак жапырыгынын учурунда баскынчылардын кысымы аркылуу түндүк-чыгыш тараптан келген дешсе, башка бирөөлөрү Фергана өрөөнүн калмактардан бошоткондон кийин, Ооган тараптан келген деп айтышат. Кандай болгон күндө да жедигерлердин Фергана өрөөнүнө келиши сол канатка кирген уруулары менен чогуу болгондугун айгенелип турат. Жедигерлер башынан эле аз сандуу уруу болуп эсептелет. Алардын көпчүлүгү Фергана өрөөнүндө жайгашып, мындан тышкары Чүй областынын Панфилов районундагы Калмак- Ашуу, Тар-Суу, Ысык-Ата районундагы Жедигер айылында, Нарын областынын Кочкор районундагы Кара- Булуң, Теңдик айылдарында, Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон айылында, Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Челпек айылында жана Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жашап турушат.

      Бөкөнбаевдеги жедигерлер жөнүндө кеп кылсак, Жакшылыктын Сырымбет деген уулунун Борбу, Сейит, Жээнбек жана Чомой деген уулдары болгон экен. Жедигерлер Сейиттин Кооман, Дөкөн, Жапек жана Чоңкиши деген уулдарынын тукумдарына кошулуп, беш ата сейит аталып, анын ичинен жедигер уулу алар менен чыгымдаш, кызматташ, ага-тууган болуп келе жатышат.


                           ЧАБАЛДАЙ                                                                                                           (Мазмунга)

      Айтылуу Тынымсейиттин Шалтагынын Бактыгул, Кабак деген эки уулу бар дебедик беле. Ошол Бактыгул Мендибек, Чабалдай жана Күмүшай деген үч аял алыптыр. Бактыгулдун он эки баласынын бири Чабалдай энеден төрөлгөн Кешикчи. Кешикчиден Ажы, андан Дүйшөбай, Жутабай. Жутабайдан Элтуз, Бычый, Эсенкелди болуп келе берет. Кешикчинин тукумдары өздөрүн түпкү энесинин атынан чабалдайлар деп аташат. Алардын көпчүлүгү Нарын областынын Нарын районундагы Ийри-Суу айылында, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор, Жети-Өгүз айылдарында жашашат. Тоңдун Бөкөнбаев айылында да бир аз түтүн чабалдай бар.

      Жакшылыктын Черикчисинин үч уулунун бири Улак. Анын тукумдары улак уулу деп аталат. Илгери үркүндөн кийинки жылдарда Улактын неберелеринин бири Кушубек уулу Жылкыбайдыкына насили чабалдай жээндери келип, ошол бойдон кайра элине кетпей туруп калышкан экен. Бир кылымдан ашуун мезгил өтүп, алардын тукумдары Улак уулуна түтүн болуп кирип, Эсенгулдун бир ата уулу болуп жүрүшөт. Ич ара өзүлөрүн чабалдай дешкени менен тышкары жерлерде улак уулубуз дещет.


                           КЫТАЙЛАР                                                                                                           (Мазмунга)

      Кытай уруусу кыргыздын сол канатына кирет, байыртадан бери эле жашап келаткан уруу жана алар кыргыз этносунун пайдубалын түптөгөн уруулардын бири болуп саналат. Кытай уруусунун келип чыгышы жөнүндө ар түрдүү жоромолдор айтылып келген. “Юань-Йень” деп аталган кытай жылнаамасында кыргыздын кырк жигити кытайдын кырк кызына үйлөнүп, ошондон тарагандар кыргыздар деп аталат деп жазылыптыр. Мында кыргыздар деп кытай уруусун түшүнүү керек.

      Санжырада VI, X кылымдарда кыргыз ажолору (кагандары) кытай императорлору менен жакшы мамиледе болуп, кыз алып, кыз берип, куда-сөөк болуп тургандыгы, мына ошондон кытай уруусу келип чыккандыгы айтылат.

      Булардан тышкары дагы бир жоромол бар. Атактуу Амир Темирдин Кытай деген кол башчысы болгон. Анын көптөгөн салгылаштарда Амир Темирдин түмөнүн башкаргандыгы, Моголстандын башкаруучусу Кам-Эд Дин менен болгон жемиштүү уруштары тарыхта белгилүү. Айрым санжырачылар кытай уруусун ушул Кытай баатырдын ысымы менен байланыштырат. Кытай деген аталыш тууралуу дагы бир уламыш бар. Кытайдын өз аты Кутай экен. Бирок, анын кыйыктыгынан, тежиктигинен жана кытайлардай болуп таа дегенинен кайра кайтпаганынан улам Кытай атка конгон имиш.

      Кытай уруусунун мекени жашап келген жана жашап турган жери Чүй жана Талас аймагы болуп саналат. Сол канатка кирген саруу, кушчу, мундуз уруулары сыяктуу эле кытай уруусу калмактар басып киргенге чейин эле ушул аймактарды жердеп турушкан жана алар бул жерлерден сүрүлбөстөн өз ордунда эле кала беришкен. Мунун далили Таластагы төрт миң түтүн кыргызды Майтык бий башкаргандыгы тууралуу 1759-жылдагы жана кытай уруусун Муса бий башкаргандыгы тууралуу 1785-жылдагы тарыхый булактар бар.

      Байыркы көчмөн уруулар ар кандай себептер менен ар кандай шарттарда бир жерден экинчи жерге которулуп, жер ооштуруп турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Бирок, сол канатка кирген кытай уруусунун Чүй менен Таласка качан келгени тууралуу азырынча так маалымат жок. Кытай уруусунун урааны бардык эле сол канатка тиешелүү-Каратал, тамгасы болсо эки түрдүү: биринчиси-жогору караган эки кайчы сызык, экинчиси-төмөн караган эки кайчы сызык. Ушуга байланыштуу “жогорку тамгалуу кытай” жана “төмөнкү тамгалуу кытай” деп аталышат. Жогорку тамганын курамына Төңтөгөр жана Кыйра деп аталган бир нече уруктардын тобу (отузга жакын) жана төмөнкү тамгага Буудай жана Бөгөжү деп аталган онго жакын уруктардын тобу кирет. Кытай уруусунун өкүлдөрү өздөрү жашап турган Чүй менен Таластан башка Нарын областынын Жумгал, Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор райондорунун айрым айылдарында бир аз сандагы үй бүлөлөр жашап турушат.

      Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районундагы Кытай айылында 100 пайыз, Саруу жана Жонбулак айылдарында, Түп районундагы Сары-Булак жана Күрмөнтү айылдарында жашап, тиричилик кечирүүдө. Мындан сырткары Тоң районундагы Төрт-Күл жана Туура-Суу айылдарында кыдык уруусунун торгой уругуна тең ата мүчө болуп турушат.

      Эми кытай уруусунун өкүлдөрүнүн Тоң жергесине кандайча келип калгандыгы тууралуу кеп козгойлу. Илгерки көчмөндүү доордо ата-бабаларыбыз феодалдык, уруулук жашоо эрежелеринин шарттарында турмуш кечирип, мезгил-мезгили менен болуп туруучу ар кандай себептер менен келип чыккан уруулар ортосундагы кагылышууларды, чет элдиктердин кол салууларын баштан өткөрүп турушкан. Булардан сырткары уруулар ортосундагы эле эмес, уруунун өз ичинде да кездешкен чыр-чатак, талаш-тартыштар, кун төлөө жана кун алуу, карыз-торуз, аласа-береселер сыктуу асырэсе турмуштук жагдайлардан келип чыгуучу талаш-тартыштар, анан, албетте, карапайым элдин жашоо-турмушундагы оор абал айрым үй бүлөлөр менен жеке адамдардын өз эли жерин таштап, бөлөк жер, бөтөн элге кетүүсүнө аргасыз кылган.

      Мына ушундай себептердин бирине тушукса керек айтор, түбү кытай (кутай) уруусунан Болот деген адамдын үч уулу: Абдыкерим, Муса жана Мажит деген бир туугандар Таластын Кара-Буура чөлкөмүнөн тынч, жай турмуш издеп жер кезип жөнөшөт. Алар адегенде Нарындын Ак-Талаа аймагына барышып, ал жерде бир аз жыл жашап турушуп, көл тарапка ооп, Тоңдун Төрт-Күл чөлкөмүнө келип туруп калышат. Ал мезгил калмактар кетип, Белек бий баштаган калың бугу Ысык-Көлгө кайтып келген мезгил эле. Азыркы муундан тартып эсептегенде андан бери жети, сегиз муун өтүптүр. Учурда төрөлгөн балдар тогузунчу муундун өкүлдөрү. Демек, Болоттун балдары Тоңго келген мезгил болжол менен 1770-1780-жылдарга туура келет. Ал кезде Төрт-Күл, Бүркүттүн оюн тынымсейит Жаманак баатырдын Аян деген аялынан туулган Жаныбек, Тыныбек, Болот дегендер мал жаны менен ээлеп турушкан. Карыялардын айтымында алар жергиликтүү “аяндар” менен жамаатташ туруп, жайлоону бирге жайлап, кыштоону бирге кыштап ынтымактуу болушкан экен. Ушул жерде үй бүлө куруп, мал жандуу болуп, чарба күтүп, Тоң алар үчүн ыңгайлуу жер болуп калган. Арадан жылдар өтүп, бир туугандардын кичүүсү Мажит элге барып туугандарга учурашып келем деген ой менен жолго чыгып, бирок Таласка жетпей Чүй боорундагы Кара-Балта тарапта калып калган экен. Мажиттин андан аркы тагдыры белгисиз болуп калыптыр. Арадан көп жылдар өткөндөн кийин, Чыныбайдын тушунда, көлдүк тынымсейиттер Нарынга көчкөндө Мусанын балдары алар менен кошо көчүп кетишиптир. Себеби, Мусанын аялы тынымсейиттин аян уруусунун кызы болгондуктан анын балдары буга чейин эле таякелери менен ыкташып жашап келишкендиктен, алар менен чогуу Нарын бетине кетишкен экен.

      Абдыкеримдин балдары Тоңдо калып. көнүп калган жашоо тиричилигин уланта беришкен. Тоңго Жети-Өгүздөн кыдыктар көчүп келип, ошол күндөн ушул күнгө чейин тагдырын ушул эл менен биротоло байланыштырып, тарыхтын нече оор сыноолорунан бирге өтүп, кайгы-кубанычы тең орток болуп, биз тоңдукпуз деп ынтымакта жашап келатышат.

      Абдыкерим атабыз эки аял алган экен. Байбиче аялынан Элтойду,Элчибай, Туртемир жана Дубана деген төрт уул, токол аялынан Атантай, Кенжетай, Чоткара жана Абылгазы деген төрт уул көрүп, бардыгы сегиз уулдун атасы болуптур. Азыркы мезгилде булардын укум-тукумдары өсүп-өнүп, канат - бутагы жайылып, түтүндүн саны 140тан ашып турат.


                           КОШКУЛАК ҮРҮСТӨМ УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Тоңдук кытай уруусунан илгери төбөсү көрүнгөн элге белгилүү бир катар инсандар чыккан. Ошолордун бири – Үрүстөм уулу Кошкулак. Бул киши жарык дүйнөгө келгенде бир жак кулагынын жанында дагы бир кичине кулагы бар болуп төрөлүп, ага ырым кылып Кошкулак деген ысым бериптир. Кошкулак Үрүстөм уулу тубаса таланттуу, өз заманынын залкар комузчусу болгон. Ал өзү да комуз күүлөрүн жаратып, өзүнө чейинки чоң комузчулардын күүлөрүн мыкты черткен, андагы татаал кайрыктары бар кара күүлөрдүн чебер аткаруучусу катары калың элге белгилүү болгон. Тоңдук чоң комузчу жалгап уруусунан Бектур Осмоновдун талантын курчуткан устаты, насаатчысы экен. Кошкулактын күүлөрүнүн ичинен “Атаны кокуй 80 сом” деген күүсү Бектур Осмоновдун аткаруусунда кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып алынып, эфирден уктурулуп жүрөт.

      Бул күүнүн тарыхы эл оозунда айтылып келе жатат. Көр турмуштун айынан Кошкулак кеней Маалы уулу Илебай болуштун аткошчусу болот. Күндөрдүн биринде Илебай болуш Караколдун базарына мал айдатып барат. Соода-сатыгын бүтүргөндөн кийин айдакчыларын Тоңго кайра жиберип, өзү Узакбай менен Кошкулакты жанына алып, “Мынча келгенден кийин Кыдыр акеге учураша кетели” –деп, Кереге-Ташка кайрылып калышат.

      Былык уулу Узакбай Курмандын атагулунан болот, сөздү орду менен таап сүйлөгөн көпчүлүкө таанымал чечен киши экен. Бир чети жакын тууган, экинчи чети теңтуш болгондуктан, эки жака чыкканда Узакбай чеченди Илебай болуш дайыма өзү менен ала жүрчү экен. Кыдыр аке келген меймандарды жылуу тосуп алып, дасторкон четинде эл журттун ал жайын сурашып, даам сызып отурушту. Бул учурда алдыга келген тамак аштан ооз тийип, кичине шам-шум этип алып, адеп сактаган Кошкулак сыртка чыгып кеткен экен. Ал башынан көнгөн адаты боюнча аттардын жем-чөбүн карап, ошолордун жанында жүргөн экен. Төрдөгү жыйылган жүктүн үстүндө комузду көрө коюп, Узакбай: “Кыдыр аке, сыртта бир балабыз жүрөт. Анда санда комуз черте коет. Айып көрбөсөңүз, чакырып келейин. Кичине черттирип көрүп, чарк-чамасын сынап көрбөйсүзбү”-дегенде, Кыдыр аке: “Комузга шыктуу өнөрү бар бала болсо кирсин. Сынабасак да черткенин көрүп, эрмек кылып отуралы” –дептир. Кыдыр аке өзү да комузду жакшы чертип, күүнүн маани-маңызына, тарыхына маани берген киши экен. Узакбай аттардын жанында жүргөн Кошкулакка келип, “Кыдыр аке чакырып жатат. Комуз чертип, эрмек болуп берсин дейт”-дегенде Кошкулак: “О, кокуй, эмне деп турасың? Мобу кебетем менен кантип кирем”-деп чочуп кеткен экен. Кошкулактын кийгени башында чети кырылып, көрпөсү саксайып калган малакай, көчүгүндө жаргак шым, үстүндө жаргак күрмө, бутунда башы жыртылайын деп калган, кончу майрыйган эски өтүк экен.

      -Э, кудай урган Кошкулак, Кыдыр аке бекер киши эмес. Сага назары түшүп, черткениң жагып калса, бактыга тушугуп калгың бардыр. Жүдөгөн кудай аткыр! Ымтырабай болбойсуңбу!-деп Узакбай колдон алып Кошкулакты үйгө жетелеп киргизген экен. Кошкулактын кысылып. уялып турганын байкаган Кыдыр аке- “Кел, балам, бери, жакын отур” – деп жүк үстүндө турган комузга колун жаңсады эле, Узакбай аны ала коюп, Кыдыр акеге кармата салды.

      -“Балам, сени комуз чертет деп уктум. Өнөрлүү адам өлбөйт деген. Өнөрүң болсо жашырбай сыртка чыгар, айланайын”-деди Кыдыр аке. Кошкулак тердеп-тепчип, эмне деп жооп айтаарын билбей турганда, жанатан үн катпай отурган Илебай болуш чыдабай кеттиби, ордунан обдула калып- “Демейде жөнү жок жерден комузуңду койгулап каласың. Чертчү жерде чертпейсиңби! Эмне маалкатасың?”-деп жемелеп киргенде Кыдыр аке- “Сен, Илебай, анча ачууланба. Комузчу анча-мынча сүрдөп жатат көрүнөт”-деп Илебайды жайгарып,- “Черт, балам, тартынбай эле черте бер”-деп кайра Кошкулакка жүз бурду. Кошкулак комузду тизесине коюп, жеңин түрө баштаганда:-“Балам, черте турган күүң мурда мен укпаган, мен билбеген күү болсо ылайык болот эле. Кызыгып укканга ошонусу жакшы эмеспи”-деп Кыдыр аке ийининдеги чепкенин оңдоп, күү укканга камданып калды. Кошкулак комуздун кулагын толгоп, күүгө келтирип алып, шашпай салмак менен черте баштады. Үй ичи муңканган аваздуу күүгө толуп, отургандар күү ыргагына термелип, муюп угуп отурушту. Кошкулактын манжаларынын кыймылдарына жараша комуз кылдары терилип, бирде бийик бирде пас кайрыктар жай ыргакка өтүп, муңканып барып токтоду. Күү кайрыктарына абдан берилип кеткен Кыдыр аке бир күрсүнүп алды да-“Баракелди балам, күү эмес бекен! Терең ойго салып койдуң. Бул күү өзүңдүкүбү? Күүнүн аты кандай? Кеп сала отур, билип алалы”-деп калды. Мындайды күтпөгөн Кошкулактын айласы кетип, оозуна кеп келбей мукактанып калды. Анан кантмек эле? Мурдатан оюна келбеген күүнү эми жаңыдан чертип жатса, анын үстүнө Кыдыр аке деген залкар суроо салып, маңдайында отурса, Кошкулактын айласы кетпегенде кимдин айласы кетет эле? Мына ошондо кайран Узакбай чечен - “Кыдыр аке, бул күүнүн аты “Атаны кокуй, сексен сом” деп аталат. Билип отурдуңуз го комуздун кокуйлап жатканын”-деп жиберсе болобу.

      -Аталышына караганда бул күүдө оңой сыр бар көрүнбөйт. Айт, Узакбай, бул күүнүн сыры эмнеде?

      - Сырын айтсам, Кыдыр аке, мындан үч,төрт жыл мурда ушул Кошкулак, ушул эле Илебайдан “зарыл болуп жаттым эле”-деп үч сөлкөбай карыз алып, колунда жоктун айынан ушул эле Кошкулак ошону төлөп бере албай отуруп, ушул эле Илебай үстүнө үстөк кошуп эсептеп, үч сомду сексен сомго чыгарып отурбайбы. Ушул карыздын айынан кара башын кара курсакка айырбаштап, кош кулак комузу экөө Илебайга кор болуп отурбайбы,--дегенде, жанатан маашырланып отурган Илебайдын башы жерге кире түшүптүр. Ошондо Кошкулак комузду Узакбайга бере коюп, тышка чыга качыптыр. Кыраакы Кыдыр аке унчукпай сакалын сылап, кадимки сабырдуулугунан жазбай отура берген экен.

      Меймандар конок каадасы кылып түнөп калышканда, Кошкулакты өзүнчө тигилген, жасалгалуу үйгө алып келишкен экен. Үй кызматын тейлеген келин келиштире төшөк салып, куш жаздык жаздап, тукаба жууркан жаап: -“Ушул жерде эс алып, жакшы жатып, жай туруңуз”-деп ийилип чыгып кетет. Кийген кийиминен, кебете-кешпиринен уялып, үстүндөгүлөрүн чечип төшөктүн аягына коюп – кудай уруп уктап калбай эрте ойгонуп чыгып кетейин. Комузуң менен да, күүң менен да жерге кир, Кошкулак-деп өзүн өзү жемелеп жатып көзү илинип кетиптир. Өмүрүндө мындай төшөкө жатып көрбөгөн Кошкулакты “кара басып” катуу уктап калган экен. Ойгонсо түндүк эчак эле тартылып, күн шашке болоюн деп калыптыр. Төшөктөн ыргып туруп, кийинейин десе түндөгү чечкен “чопкуттары” жок. “Эми эмне кылам? Жылаңач кайда барам?-деп алактап турса, чачучтук шарактап, эркек, аялдын кобур-собур үнү угулуп, бирөөлөрдүн келаткан дабышы угулат. Кошкулак төшөкө кайра кирип, шек алдырбай уктамыш болуп жатып калат. Үйгө акырын басып адегенде Кыдыр аке, артынан байбиче кирет. Кошкулакты ойготуп албайын деген кыязда байбиче шыбырап айтып жатат: -“Сиз айткандын баарын даярдап келдим. Көйнөк, дамбалын тиктирдим. Бир сыйра сырткы кийимдери мына, карап көрүңүз. Бир кана жаңы баш кийим жок. Сиздин тебетейлердин бирин тандап келдим”. Кыдыр аке байбиченин алып келгендерин карап, жактырды көрүнөт: -“Төшөктүн баш жагына бүктөп, үстүнө тебетейди коюп кой”-деп акырын чыгып кетти. Байбиче Кошкулакка деп камдап койгон кийимдерди ирээттеп коюп, дабыш алдырбай чыгып кетти. Байбиче камдап койгон кийимдерди Кошкулак шашып-бушуп кийе салып, эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, аттарга кетти. “Адамдын көркү чүпүрөк” демекчи бир сыйра жаңы кийим Кошкулакты сымбаттуу, келишимдүү жигит кылып койду. “Өнөрүң өркүндөсүн! Бакты-таалайың ачылсын!”-деген Кыдыр акенин батасын алды. Кыдыр аке менен кош айтышып, үчөө аттанып кетишти.

      Кара-Колго келишкенде Илебай дүкөн кыдыртып, эки чоң сандыкты толтура буюм-тайым, идиш-аяк сатып алып, бир төөгө теңдеп жүктөтүп, жууркан-төшөк таңдырып, үстүнө таар жаптырды да төөнүн буйласын Кошкулакка карматып койду.

      -Ушуну чып-чыргасын коротпой толугу менен Туура-Сууга жеткиресиң. Биздин артыбыздан келе бер – деп Илебай менен Узакбай жүрүп кетишти. “Эми кандай болуп кетет? Аман-эсен жетсем экен”деген ойлор кыйнап, ич майын жеп жүрүп отуруп, жолдо бир түнөп, эртеси түшкө маал Туура-Сууга жете келди.

      Кыдыр акенин Кошкулакка көрсөткөн сый-урматы Илебайды катуу ойго салган экен. буга чейин Кошкулактын өнөрүн баалабай жүргөнүн эми сезип, абдан уялып калыптыр. Кара-Колдон бери төө жетелеткени да Узакбайдын кеңеши менен болгон экен. Илебай атайы Кошкулакка арнап үй тиктирип, жанагы Кара-Колдон алып келген оокаттарды төөсү менен берип, бөлүп койгон экен.

      Кошкулактын ата-теги: Абдыкеримдин Элчибайынан Үрүстөм. Андан Атакан менен Кошкулак. Атакандын тукумдары Нарын шаарында турушат. Ал эми Кошкулактан тукум калбай калыптыр.


                           ЭШИМБЕК БАЙЧУБАК УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Абдыкеримдин Дубана деген уулунан Эсенаалы, Байчубак деген эки уул. Байчубактын Эши, Эшимбек, Сооданбек деген балдары болгон. Ошолордун ичинен Эшимбек тууралу эл ичинде ар кандай кептер көп айтылат. Эшимбек алп денелүү, балбан адам болгон экен, шамдагай, чечкиндүү, тайманбас мүнөзү менен айырмаланган.

      Айтылуу Ысагаалы Алматай уулун нечен топ жыйындарда коштоп барып, анын аброю менен таасирин көкөлөтө көтөрүп жүргөн Обонбай, Кытан. Эшимбек сыяктуулар болгон. Ысагаалы менен үзөңгүлөш болуп бирге жүрүп, ар кандай кыйын кырдаал башка түшкөндө аны куткарып кеткен учурлары көп болчу экен.

      Карыялардын айтымында, Ысагаалы бир да адамды ордунан туруп кабыл алчу эмес экен, ал эми Эшимбек келатат дегенде ордунан тура калып, аны босогодон күтүп алаар эле дешет. Ысагаалыдан кемчилик кетип калса, тайманбай бетине айтып, сөз менен да, күч менен да таасир кылып койчу экен. Бир да жолу Ысагаалы Эшимбекке кагуу бербептир, аны атынан айтпай, дайыма “Эшике” деп урмат көрсөтүп турчу экен.

      1918-жылы Тамгада орустар тарабынан Ысагаалы атылчуда Туура-Сууга келген куралдуу орустардын шойкому бар экенин Эшимбек сезген экен. Ал Ысагаалыга:--”Ушулардын шойкому бузук болуп турат, жүрөгүм бир жамандыкты сезип жатат. Казандагы этти чыгарып, тигилерди үйгө киргизейин Орустардын санаасы түзүк болсо, үйгө мылтыктарын жөлөп коюп киришет. Алар тамак ичип жатканда мылтыктарын алып коём. Силерди үч оруска кошуп алып, Караколго айдап барайын, ошондо булардын ак-карасы билинет”,--деп айтат экен. Ысагаалы:-“Кой, Эшике, орус менен ансыз да мамилебизди оңдоп, жакындаша албай жатсак, жок сөздү баштаба. Андан көрө мен барып берейин”,--деп болбой койгон экен. Ысагаалы баш болгон кишилер Тамгада атылды деген кабар келгенде Эшимбек: --“Кара көзүм кашайган турбайбы, ошондо эле Ысагаалынын тилин албай, орустарды жайлап салсам бул балээ болбойт эле”,--деп аябай өкүнгөн экен. Эшимбек баш болуп Тоңдон бир топ киши барып атылгандардын сөөктөрүн алып келишиптир. Ошондо Ысагаалынын сөөгүн кытай Сабай уулу Шермамбет Туура-Сууга чейи н өңөрүп келген экен.

      Күндөрдүн биринде топ атчан Кыдырма-Жарды жээктеп келе жатышыптыр, арасында Эшимбек да бар экен. Теңтуштарынын бири Эшимбекке--“Сени күчтүү эле дешет, күчүңдү көрсөтүп, тиги жардын үстүнө таш ыргытып жеткире аласыңбы?”-дегенде жолдо эригип келаткандар колдоп, коштоп кетишти. Теңтуштардын кебин жерге калтырбай, Эшимбек аттан түшүп:”Күч эмес, ык керек, ыргытса ыргытып көрөйүн”—деп, муштумдай ташты Кыдырма жардын үстүнө жеткире ыргыткан экен. Ошондо өз көзү менен көрүп тургандар Эшимбектин күчүнө да, ыкмасына да таң калып, баа беришкен экен.

      Эшимбектин дагы бир таңкалаарлык эрдиги – анын Кара-Камандын суусун аттап өтүп кеткендиги. Бир жолу Эшимбек Саяк-Айрыкка жылкыга ууруга барып, жолу болбой калыптыр. Артынан куугун түшүп, алар Эшимбекти Кара-Камандын суусуна кептеп туруп колго түшүрмөк болушат. Жердин ыңгайын жакшы билген Эшимбек суунун кууш жерин көздөй качат. Болжогон жерге жеткенде куугунчулар нары жак, бери жактан тосуп, чукул кирип келишет. Ошондо Эшимбек минип жүргөн атын калтырып, жазылыгы 4-5 саржан келген жээктен секирип өтүп кетет. Көргөн көздөрүнө ишенбей таң калып турушуп, Эшимбектин атын кармап алышып, куугунчулар кайра тартып кетишиптир. Кийин баштан өткөн окуясын айтып- “Сүзөөнөк болом деп мүйүзүнөн ажыраган уйдай болгомун” –деп күлүп калчу экен Эшимбек атабыз.

      Айрым санжырачылардын айтымында Эшимбек жөө келатып Кара-Камандын секисинде жүк артылган бир топ эшек менен 6-7 сарт келип өргүп жатканын көрүп калат. Кечке акмалап жүрүп, түн киргенде келип, бир жүктүү эшекти жетелеп кеткен экен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин муну билип калган соодагерлер артынан кубалап келишип, Эшимбекке Кара-Камандын жээгинен жетишет. Ошондо тигилердин жакындап калганын көргөн Эшимбек Эшекке жүктөлгөн жүктү чечип алып, наркы өйүзгө бирден ыргыта берет. Сарттар чукулдап кири келгенде наркы өйүзгө секирип өтүп кетет. Кара-Камандагы ушул окуя болгон жер ушу бүгүн да “Эшимбек секирик” деп аталат. Байчубак уулу Эшимбектен Эрмек жана Медер. Эрмек Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон. Учурда Медер карыя бала-бакырасы менен Төрт-Күлдүн Кара-Жал айылында жашайт.


                           ЧЕРИКТЕР                                                                                                           (Мазмунга)

      Эми, черик уруусунун өкүлдөрү жөнүндө кеп кылалы. Кыргыз санжырасында айтылгандай Ак уулдун балдары Адигине менен Тагай нойгуттарга жортуул кылган экен. Жортуулда нойгуттар жеңилип, качып кетүүгө аргасыз болушуптур. Журтта калган бир жетим баланы таап алып, аны Тагай бий асырап алыптыр. Арык, бирок чоң курсак чердейген бала болгондуктан атын Черик койгон дешет. Дагы бир вариантта Тагай алып келген баланы Наалы эже багып алыптыр. Черик эр жетип, мыкты жигит болгон экен. Наалы эженин күйөөсү Дайырдын Актаман деген кыраан тайганы бар экен, ошону агытып, бугу, марал, эчки-теке, карышкыр, түлкү алдырып, бала кезинен аңчылыкка шыктуу болгон экен. Черик саяпкерликке да кызыгып, күлүк таптап ат чабыштарга да катышып жүрчү экен. Өңү-түсү, мүчөсү тайгандыкындай болуп, тоодо-ташта мүдүрүлбөй жеңил жүргөндүктөн күлүгүн да Актаман деп атап коюптур.

      Санжырачылардын көпчүлүгүнүн айтуусунда Тагай көз жумгандан кийин анын керээзи боюнча Тагайдын алтын менен жээктелген туусу Черикте калган экен. Эски салт боюнча журт башчысы өлгөндө анын туусу баласына же, аталаш бир тууганга калат. Тагайдын өз канынан жаралган эркек балдары болсо да, тууну аларга ыраа көрбөй, тондуу уулу Черикке тапшырган экен. Бул бекеринен эмес. Тагай бий Черикти асыранды баласы гана эмес, кыргыздын дагы бир түпкү урууларынан болгон нойгуттун өкүлү, Тагай бий өзү терең урматтаган агалардын насили катары баалагандыктан тууну Черикке ыйгарып жатат.

      Чериктен Кудайберди, Кудайкул жана Тайгак болуп, алардын тукумдары эзелтеден эле Турпан менен Какшаалдын ортосундагы аймактарды, Ат-Башы, Ак-Сай жана Арпа өрөөндөүн туруктуу жердеп турушат. Алар калмак жапырыгында да бул аймактардан кеткен эмес. Кийин чыгыштан Кытай, батыштан Кокон басып кирип, мезгил-мезгили менен талоончулук кылып турганда да баш ийип берген эмес. Буларга каршы күрөштө чериктин эр жүрөк жигиттери Жангир кожо менен Тайлак баатырдын жоокерлеринен болушкан.

      1881-жылы Орусия империясы менен Цинь империясынын ортосунда чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болуп, чек ара тоо чокулары жана суулар менен белгиленгенде, Чериктер турган аймак Торугарт жана Какшаал тоолорунун чокусу аркылуу ажырап калды. Ушунун кесепетинен черик уруусу экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Кытайга, экинчи бөлүгү Орусияга карап калды.

      Азыркы учурда черик уруусуна таандыкпыз деп эсептешкендер Нарын областындагы Ата-Башы районунун көпчүлүк айылдарында, Ак-Талаа районунун Туткуй айылында. Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Казарман, Атай, Кайыңды жана Кош- Булак айылдарында, Ош областынын Кара-Кулжа айылында Талас областынын Кара- Буура районундагы Кара-Буура. Бакайыр айылдарында, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз, Тилекмат, Светлая Поляна айылдарында Түп районундагы Көөчү айылында, Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жашап турушат. Кытай Эл Республикасындагы Синь-Цзянь автономиялуу районундагы какшаалдык кыргыздардын 70 пайызын чериктер түзөт.

      Азыркы кезде Бөкөнбаев айылында бир ата уулу черик бар. Илбгери алар Ат-Башыда турганда алардын ичинен бирөө чыр-чатактан улам эр өлтүрүп алып, кун төлөөдөн качып, үй-бүлөсү менен келатып, жакшылык Сырымбет уулу Борбуга жолугуп калат. Борбу аларды өргүү болуп кеткиле” деп үйүнө алып келет. Ошол түнү чериктин бир келини толготуп, эркек бала төрөп алат. Ага удаа эле Борбунун уулу Ормотойдун аялы да эркек төрөйт. Борбу эки балага тең азан чакырып ат коёт. Ормотойдун баласына Намазбек деген ысымды, ал эми жолоочу келиндин уулуна Дайырбек деген ысымды ыйгарган экен.

      Ормотойдун аялы Куунактын эмчегинен сүт чыкпай койгондо, баланы жолоочу келин эмизип, Дайырбек менен Намазбек эмчектеш болуп калышыптыр. Чериктер төрөгөн келини тыңыгандан кийин кетебиз дегоенде Борбу: -“эки бала эмчектеш болуп калды, кетей эле биздин арабызда кала бергиле”.- деп кетирбей алып калган. Ошондон бери алардын тукумдары Борбунун бир баласы болуп, жакшылыктын ичинде жашап турушат.


                           КОҢУРАТ, КАЛЕНДЕРЛЕР                                                                                                           (Мазмунга)

      Борбу уулунун ичинде булардан тышкары коңураттар жана аларга таандык болгон календерлердин да бир аз түтүнү бар. Коңураттарды кеп кылганыбызда, алардын келип чыгышы тууралу окумуштуу илимпоздор тарабынан ар кандай икирлер айтылып келген. Октябрь революциясына чейинки изилдөөлөрдө айрым окумуштуулар:-“Коңураттардын түбү монгол, алар адегенде түрктөшүп, андан кийин кыргыздарга келип кошулуп, бара-бара кыргыздашып кеткен”—дешет. Башка бир катар окумуштуулар “коңураттардын түпкү теги байыркы монгол болот” дешет. Алар өзбек, казак уруу бирикмелерине катышып, түрктөшүп кетишкен жана өзбек, казак, каракалпак элдеринин калыптанышына шарт түзгөн дешет.

      Коңураттардын кыргыздарга келиши да ошондой эле болгон. Алар өздөрүн байыркы монгол-коңурат тукуму болобуз деп эсептешет. Бирок, XIV-XVII кылымдарда алардын айрым өкүлдөрү кыргыздарга келишип, ар кайсы жерде бугу, адигине, кытай, дөөлөс уруулары менен коңшу туруп калышат. Акырындык менен кыз алып, кыз берип, бир катар чарбалык жана маданий карым-катнаш аркылуу бара- бара кыргыздарга сиңип, кыргыздашып кетишкен.

      Ал эми, санжырада жээн кыргыз, кыргыз-коңурат дешет. Наалы эженин Коңуркула деген күлүк аты болгон экен. Бир күнү Адигине, Тагай жоого аттанабыз деп, эжесинен ат суратыптыр. Наалы эже:-“Адигинеге берсем Тагай таарынат, Тагайга берсем Адигине таарынат”-деп Баймогол деген жигитти калыс кылып, Адигине менен Тагайга бар деп атты жетелетип жиберген экен. Баймоңол Коңуркула аты менен жоонун колуна түшүп калыптыр. Адигине менен Тагай жоону жеңип, бирок Баймоңолду жоонун колунан бошото албай калышкан. Ошондо эки бир тууган эжесине Коңуркула аттын ордуна туткунга келген бир баланы чыгарып беришитир. Ушул баладан тараган тукумдар кийин Коңурат деп аталды деп айтылат.

      Санжыра боюнча Коңурат Тагай бийдин тондуу уулдарынын бири деп эсептелет. Ал Тагай бийге 14-15 жаш курагында келип, бала болгон экен. Ал азыркы Өзбекстандын Жийделүү Байсын деген жеринен келиптир. Ошондуктан санжырада “Жийделүү Байсын жеринен, Коңураттын элинен” деп бекер айтылбайт. Коңурат узун бойлуу, кең далылуу, балбан киши экен, жамактатып сүйлөгөн, тили жатык, айрыкча дастандарды, анын ичинен “Алпамыш” эпосун толугу менен айткан адам экен. Ошондуктан, санжырачылар да. илимий чөйрөнүн өкүлдөрү да “Алпамыш” эпосунун жаралышын коңураттарга таандык кылып жүрүшөт. Азыркы кезде Кыргызстандын аймагында болжол менен 25 миңдей коңурат уруусунун өкүлдөрү жашап турушат.

      Эми, кыдык ичиндеги коңураттар жана ага таандык болуп жүргөн календерлер жөнүндө кеп козгойлу.

      Илгери, кайсы бир жылдарда насили коңурат болгон Дүйшөке деген адамдын аялы кайтыш болуп, эки жашар баласы Черибай менен калыптыр. Ошондо аялына куран окутмакчы болуп Дүйшөке агасынан кой сураткан экен. Агасы малдуу-жандуу болсо да:”-короомдогу малдын ичинен бычакка илинээр эттүүсү жок”,--деп бербей коёт. Шагы катуу сынып:-”бир койлук кадырым болбосо, сени желкемдин чуңкуру көрсүн, эми сенин үйүңө экинчи кайрылып келбейм”—деп Дүйшөке баласын көтөрүп алып, Оштун Кара-Кулжа аймагынан Ысык-Көлдү көздөй жолго чыгыптыр. Жети-Өгүздүн Чырак деген айылында Мады деген жакын тууганы жашап турчу экен, “ошону издеп таапп алсам жашоо-турмушум оңолуп кетээр бекен” деп тилек кылып жүрүп отуруп, Ысык-Көлгө жеткен экен. Кечинде жакшылык Сырымбеттин уулу Борбу байдын айылына туш келет. Борбунун үйүндө ал-жай сурашып отурушуп, Дүйшөкенин ал-абалын толук билгенден кийин:-“ Аялың өлүп, колуңда кенедей балаң болсо, мында эле кал, аял алып берейин”-деп Борбу аны көндүрүп алып калган экен. Ошентип, Борбунун үйүндө жүрүп, үйлөнөт. Ал аялдан Шадыбек деген уулдуу болот. Чарба күтүп, эл катарлуу оокат кылып, Дүйшөке байдын жылкысын багат. Бир күнү Дүйшөкени иниси Аалы издеп келип, Кара-Кулжага кайра кайтууну сунуштайт.

      --Экинчи кайрылып келбейм деп оозумдан жаман сөз чыгып калды эле, эми кантип кайра бармак элем. Борбу бай мени бала кылып алып, үйлүү-жайлуу кылып койду. Ал менин атам болуп калды. Өзүм да ушул жерде бала көрүп, Черибайым бир тууган инилүү болду. Ушунун барын унутуп калып кете берсем, мени байдын тузу урбайбы,--деп Аалыны кайра узатып коюптур.

      Дүйшөкеге чейин эле Борбу байдын чериктен келген Дайырбек, кутчу Алкотурак, Ош тараптан келген Сазан, калмак-маңгулдан Турду деген тондуу уулдары бар экен. Дүйшөкени Сазанга кошуп, “экөөң тең Анжыян тараптан келдиңер, бир тууган болуп жүргүлө” деп ал экөөнү тууган кылып коёт.

      Сазандын түпкү насили Адигинеден болот экен. Кийген кийими, сүйлөгөн сөзү, тилиндеги анча-мынча өзгөчөлүктөрү менен өзбектерге окшоштуруп, аны Сарт деп коюшчу экен. Мурдадан эле Сазан соода-сатык кылып жүргөндүктөн аны Календер деп да атап алышыптыр. Ошентип Дүйшөкенин тукумдары Календер деп аталып калышкан экен.

      Сазан Калмурун деген кызга үйлөнүп, эки уулдуу болуп, атын Чыпай жана Күрөнкөй деп койгон. Кийин Сазан “эл-журтка барып учурашып келейин,--деп Анжыян тарапка кетип, эки жылдан ашык убакыт келбей калат. Эл ичинде “Сазан өлүптүр” деген кеп тарап кетип, анын аялы Калмурунду Ормотойдун кичүү уулу Ыманбекке баш байлап коюшат. Күндөрдүн биринде өлдү деген Сазан кайтып келет. Ошондо Калмурундун боюнда Ыманбектен 6-7 айлык бала бар экен. Сазан болгон окуяны уккандан кийин өз аялын кайра алат. Калмурун эркек бала төрөп, атын Атабай коюшат. Ошентип Чыпай, Күрөңкөй, Атабай аталары башка, энелеш бир тууган болуп калышат.

      Кийин Сазан кайтыш болуп. жесир калган Калмурунду Турдуга баш байлашат экен. Турду айылга ажырашаяк берип, элден уруксат алып, өз айылына көчүп кетет. Бул жерде Турду Күйкө жана Мойнок деген эки уул көрөт. Арадан жылдар өтүп, Турдунун көзү өтөт. Эми жесир аял, жетим балдарга кыйын болуп калганда Калмурун балдары менен кайра кыдыктардын айылына кайтып келип, уулдары Чыпай, Күрөңкөй, Атабайга кошулат. Жакшылыктын Борбу уулунун ичинде Сазандын Чыпайынын тукумдарын “сарттар” деп, ал эми Турдунун Күйкө, Мойнок деген уулдарынын тукумдарын “калмактар” деп коюшат.

      Коңурат Дүйшөкенин уулу Черибай өз заманында балбандыгы менен белгилүү болуп, Намазбек баатырга жигит болуп, жоого чогуу аттанып жүрүшчү экен. Черибайдын ата-тегин санжыра боюнча сүрүштүрө келсек, Коңурат, андан Таңатар, Байсары, Чырак жана Байбөрү деген төрт уул. Байсарыдан Каргатай, андан бери Жараш, Куттуксейит, Бөрү (Нурмукан), Усупбек, Дүйшөке, Черибай болуп келе берет.

      Сазандан Чыпай жана Күрөңкөй дедик. Чыпайдан Сарыбай, Курман, Жакен, Ажымбай жана Акмат. Күрөңкөйдөн Төлөмүш.

      Атабайдан Кусумбай, Урумбай, Асилидин.

      Турдудан Күйкө менен Мойнок дедик. Күйкөдөн Темиржан, Мойноктон Каба, Жумабай деген эки уул болот.


                           ТАЗДАР                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыдык ичинде сарыбагыш таздарларынын өкүлдөрү да бар. санжырага кайрылсак, кадимки Кылжырдын (сарыбагыштын) эки уулунун бири Дөөлөс. Дөөлөстүн Токо, Жантай. Элчибек, Манап деген төрт уулу бар. Элчибектен Атамат, Жунус жана Алыбек деген үч уул. Жунустан Түгөл, андан Шайбек, Дайыр, Райымбек деген үч уул. Райымбектен бери карай санай келсек, Эсенгул, Карачын. Тотой. Табылды болуп келе берет. Табылдынын Эгемберди, Ыманберди, Казак, Адырбек жана Ыманаалы деген беш уулу болгон. Табылдынын Эгембердиси алты аял алса да тукум көрбөй жүрүптүр. балалуу болуп калаармын деген ой менен ал Сарыбагыш манап тукумунан Надырбектерден бир жесир келинди жетинчи аялдыкка алат. Жесирдин башын ачып, калыңын төлөбөйсүң дешип, надырбек тарап чыр чыгарып, ал ырбап отуруп ортодо чабыш болот. Ошол чабышта Эгемберди надырбектердин бир жигитин мертинтип алып, ал үчүн Табылдынын балдары кунга жыгылып, аны төлөп беришет. Бирок, кунга ыраазы болбогон надырбек тарап ар кандай шылтоолор менен доомат коюуну уланта беришет. Алар тарапптан тынчтык болбогондон кийин Табылды бала-бакырасы менен айылын Кочкордон көчүрүп, көлдүн күңгөй тарабындагы Кара-Ой деген жерге келип туруп калышат. Табылдынын айылы малдуу-жандуу, конушу берекелүү болуп, балдары да өз-өзүнчө түтүн булатып турушкан кезде аларды дагы бир кырсык тооруйт.

      Күздүн күнү Табылды чекенде өчүрүп жатканда катуу шамал болуп, ошол чөлкөмдөгү келгин орустун бышып турган эки теше эгин аянты күйүп кетет экен. Бул жерге келип отурукташып жаткан орустар менен да мамилеси жакшы болбой. Табылды кайра күн батышты көздөй жер которуп, Кызыл-Сазга келип туруп калат. Ошол мезгилде алагөз кабадан чыккан айтылуу Баатыркан үйлөнө элек, ары урунуп, бери урунуп, токтоно албай, “Көк ууру” атка конуп жүргөн кези экен. Кызыл-Сазда жайылып жүргөн Табылдынын төрт түлүгүнө көзү түшүп, кыябы келсе анын малынан уурдап айдап кетүүгө мүмкүнчүлүк таба албай жүрүптүр. Табылдынын уулдары да чыйрак, тирикарак немелер экен, малын ууруга алдыра турган көрүнбөйт.

      Бир күнү Кызыл-Сазда дубандык курултай болуп, көлдөн эле эмес Нарын, чүйдөн бери көп эл чогулат экен. Курултай өткөрүү милдетин күңгөйлүк саяк менен көлдүк тынымсейит алган экен. Аларга кошулуп. Табылды бай курултайга деп эки семиз бээ, он ирик бериптир. Ошол курултайга келген кыдыктын жоон топ билермандарынын арасында Алматай ажы да бар экен. “Ушул жерге жаңы көчүп келген Табылды деген бай бар экен, курултайга деп бир далай союш бериптир” деген имиш-имиш кептерди угуп, анын үстүнө Баатыркандын да Табылдынын уулдарынын тыңдыгынан, сактыгынан алардын малына кол сала албай жүрөмүн деп оюн-чындан айткан кебинен улам Алматай атайын Табылды байдын үйүнө келип түшүптүр. Табылды менен таанышып, анын өз оозунан ал-абалын угуп, чоо-жайын түшүнгөндөн кийин Тоңго көчүп келүүнү сунуш кылып, анын айылы үчүн жетишээрлик жер бөлүп берүүнү жана торгой ичинде теңата турмуш кечирүүнү убадалайт. Курултайдан кийин он чакты күн өтүп-өтөй Табылдынын айылы Кызыл-Саздан Тоңду көздөй көчүп жөнөйт. Алматай кишилерин жиберип, Табылдынын көчүн Мыярдын белинен тостуруп алат экен. Алматай аларга мал-жанга да, жашоого да ыңгайлуу деп мурда кутчулар ээлеп, алар көчүп кеткенден кийин бош калган Кутчунун оюн бөлүп берген экен. Табылды байды бала-бакыраларын үй-бүлөлөрү менен Жейренбайга кошуп түтүн кылыптыр. Мунун да жөнү бар эле, себеби, Табылдынын чоң атасы Карачындын аялынын төркүнү жейренбай уулунан болот экен. Ошентип, Алматайдын жардамы менен Табылды Тоңго келип, бала-бакырасы менен Жейренбайдын түтүнүн көбөйтүп туруп калышкан экен. Табылдынын уулдарынын бири Казак Алматайга ат кошчу болуп кызмат кылган экен.

      Санжырага кайрылсак, эл ичинде Элчибектин тукумдарын алардын баштарына чач өспөй таз болгондуктан “Таздар” деп аташат. Алардан тараган урпактар Кыргызстандын бардык аймактарында, ал тургай жакынкы коңшу мамлекеттерде да кездешет.

      Табылдынын Ыманбердисинен Абдыке. Ашаке. Жакып, Асаналы, Мукамбет. Табылдынын Казагынан Сулайман, Касымбек, Касымалы, Бегалы. Булардын тукумдарынын басымдуу көпчүлүгү Эшпперов айылында, калгандары Кажы-Сай, Бөкөнбаев. Тоң айылдарында, Бишкек жана Балыкчы шаарларында жашап турушат. Жалпы жонунан Табылды уулу аталып, жакшылык-жамандыктарда жейренбайлар менен кызматташ болуп жүрүшөт.


                           АБЫЛАЙ ХАНДЫН ЖОРТУУЛУ. БАЙЧОРО КӨКҮМ УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      XVIII кылымдын 60-70-жылдарында бугулар Ысык-Көлгө кайра кайтып келгенден тартып, XX кылымдын башына чейин ки 150 жыл ичинде көл элинин башынан далай оор окуялар өттү. Бугулар жердеп турган аймактарга Кытай мамлекети көз артып, ач көз миссионерлерин жиберип турду. Кокон хандыгынын баскынчы жортуулдары болуп, алар тарабынан согуштук чептер курулуп, элге оор салыктар салынып турду. XIX кылымдын 30-40-жылдарында кокондук эзүүчүлөргө каршы күрөш жүрүп, жергиликтүү эл тарабынан алардын чептери талкаланды. Уруу башчыларынын куру намыска алдырган карама каршылыктары курчуп отуруп, бугу-сарыбагыш чатагы кан төгүлгөн согушка айланды. Акырында бугу уруусу Орусиянын букаралыгына өтүп тынды.

      Орус падышачылыгынын бийлиги орноп, оторчулук саясат жүзөгө ашырылды. Бул саясаттын кесепетинен улуу Үркүн болуп, жазыксыз эл кырылды. Мына ушундай орчундуу окуялардын баарына тең бугунун башка урууларындай эле кыдык уруусунун да түздөн-түз тиешеси бар. Бул уруунун эл арасынан чыккан белгилүү инсандары бул окуялардын жүрүшүнө өздөрүнүн аракеттери менен тиешелүү даражада таасир тийгизишкен. Алар элдин тагдырын чече турган оор жүктү моюнга жүктөп алып, ошол мезгилдердин тар жол, тайгак кечүүлөрүндө бири мүдүрүлсө башкасы мүдүрүлбөй, бири мүргүсө башкасы мүргүбөй, ошол жүктү көтөрүп өтүшкөн.

      Ошондой мезгилдерде Кыдык бабабыздын урпактары өткөн доорлордун таразанын ташындай бирде өйдө көтөрүлүп, бирде төмөн түшүп турган оош-кыйыштуу убактарда колдон алдырып ийгенине кайыл болуп, колго тиерине үмүт кылып, мүңкүрөбөй тескерсинче башты бийик көтөрүп, кудай теңирине ишенип өмүр кечирип келишкен. Үзөңгүдөн буту тайыбай, ат тизгинин чоюп, ат үстүндө жүрүп, ат жалында уктап-ойгонгон ата-бабаларыбыз тарыхтын кандай гана оор сыноолоруна туш келишесин мен Жаанбай, мен Жакшылык. мен Торгой дебестен, түпкү атасы Кыдыктын арбагын бийик көтөрүп, уруунун намысы үчүн, журттун биримдиги менен ынтымагын эш тутуп, бөлүнүп-жарылбай, кыйынчылыктарды чогуу жеңип келишкен.

      Ар кандай кыйын тагдырга туш келип, эл-жеринен ажырап келген айрым уруу, уруктардын өкүлдөрүн ата-бабабыз кулачын жайып тосуп алып, ирегесинен өткөрүп, төрүнөн орун берип айкөлдүгүн көрсөткөн. Күндөгүсүнө күймөнбөй, жашоосуна каниет кылып, эртеңкисинен түнүлбөй, ишеним менен алга умтулуп, Кыдык бабабыздын урпактары мезгилдин улуу көчүнөн калбай байсалдуу жолун улантып келе жатышат.

      Эмесе, нечен мезгилдерди карыткан тарыхтын улуу көчүндө келатып, бир кездерде кыдык тукумдары баштан өткөргөн айрым орчундуу окуяларга кыскача болсо да токтолуп кетели. Биз мурда айтып өткөндөй, Белек бийдин көзү өткөндөн кийин жалпы бугуга анын уулу Алдаш бийлик кылып калган. Анын бир тууганы Толубай атасынын көзү барда эле көлдүн тескейи Тоң тараптагы элди башкарып турган. Демек, кыдык,бапа, желдең жана көлдүк тынымсейит Толубай бийдин башкаруусунда болгон деп айтсак болот.

      XVIII кылымдын 70-жылдарындагы кыргыз тарыхында “Кыргыз-казак чабышы” деп аталган казак ханы Абылайдын жортуулу тууралу кеңири айтылат. Абылайдын түпкү теги Чыңгыз хан болуп, казакташып кеткен монгол уруусунан чыккан экен. 1772-жылы Абылай бүткүл казакка хан болуп шайланат. XVIII кылымдын 30-жылдарынан тартып жалпы казак журту Орусиянын букарасы болуп турган менен Абылай хан казакты өзүнчө мамлекет деп эсептеген. Муну коңшу турган элдер да таанып, аны менен ар түрдүү байланыштарды түзүп турушкан. Калмактар кеткенден кийин деле кыргыз-казак арасы тынч болгон жок. Бирге кыргыз казакка жортуулдаса, бирде казак кыргызга жортуул жасап, эки элдин далай баатырларынын башы кетип турду.

      1775-1776-жылдарда кыргыздарды өзүнө баш ийдирүү максатында Абылай хандын жортуулу болуп өткөн. Абылай хан Чүйгө, солто уруусуна кол салып кирди. Жайыл баатыр башчылык кылган солтонун колу катуу каршылык көрсөтүшкөн. “Жайыл кыргыны” деп аталып калган ушул салгылашууда Жайыл баатыр уулдары менен колго түшүрүлүп, андан кийин өлтүрүлгөн. Абылай хан солтону талкалагандан кийин Чүй менен Кеминдеги сарыбагыштарга кол салып, сарыбагыш бийи Эсенгул эч каршылык кылган эмес экен, алардын айылдарын талап-тоноп, келин-кыздарын олжолоп, Калмак-Ашуу аркылуу Көлгө түшүп, күңгөй менен Чолон-Атага бет алган. Бул жерде мундуз уруусунан Тыныбек бийдин эли бар экен. Алар каршылык кылганда чепти талкалап, 150 түтүн элдин көбүн кырып, Тыныбектин Канышбек деген кызын баш кылып, 16 кызды олжого алыптыр.

      Абылай хан күңгөйдү чаап жатат деген кабарды угуп, Алдаш бий уруу билермандары менен кеңешип, казак колунун алдын тосуп. Абылай ханга барган экен. Чолпон-Атада сүйлөшүүлөр болуп, Алдаш бий:-“ эки бир тууган элбиз, ар кандай талаш-тартыш, келишпестик болсо биргелешип чечип, ымалага келели”—деп Абылай ханды көндүргөн экен. Анын колун токтотуп, сый көрсөтөт. Абылай хан эс алып, колун өргүтүп алуу үчүн ылайыктуу жер сурайт экен. Алдаш бий: -“Сиз көрүп турган көлдүн күңгөй-тескейи тар болуп, таштак келет. Мен сизге ылайыктуу жакшы жерди көрсөтөйүн”—деп ханга Соң-Көлдү сунуштайт.Хан буга макул болуп, Соң-Көлдү көздөй жол тартат. Алдаш бий аны Соң-Көлгө чейин коштоп барып, Абылай хандын колу ошол жерде өргүп калат.

      Ошентип, Алдаш бийдин акылы менен бугу эли аман калыптыр. Соң-Көлдө өргүп алгандан кийин Абылай хан Талас жергесине барган экен. Ошол кезде жалпы аркалык кыргыздын көбүнө саяк Садыр баатырдын таасири өтө чоң экен. Ал Абылай ханга каршы кармашка чыгып, салгылашуу учурунда уулу Доскулу менен бирге колго түшүп калып, кийин экөө тең өлтүрүлөт.

      Таласты борбор кылып, солто уруусундагы бөлөкбай уругунун бийи Кебекти жалпы кыргызга бий деп жарыялап, Абылайхан Сары-Аркага кайтып кеткен экен.

      Мына ушундай оомалуу – төкмөлүү, тынч эмес капсалаңдуу окуялардын шарданында кыдыктар да бугунун башка уруктары сыяктуу эле кудай колдоп, эң оболу Алдаш бийдин акылы менен Абылай хандын чапкынынан сырткары калган экен.

      Бирок, ошондой болсо да карт тарых кыдыктардын Абылай заманындагы айрым кыргыз-казак урууларынын ортосунда мезгил-мезгили менен болуп турган чабыштардан четте калбагандыгын көрсөтүп турат. Буга бир мисал, кыдыктын санжырачыларынын айтымында жыл мезгили күзгө такап, мал текши семирип турган учурда Иле суусунун аркы бетиндеги казактан Өтөгөн Айман деген билермандын жигиттеринен куралган кол кыдыктардын конуштарына кол салып, жайлоодогу жылкыны тийип, Жаанбайдын четки айылдарын чаап киритир. Ошондогу кармашта Бейиштин уулу Көкүм курман болгон экен. Ушул кишинин уулу Байчоро башчылык кылган кыдыктын жигиттери жоонун алдын тосуп, чоң кармаш болот. Акыры казактар жеңилип, чегине баштаганда алардын башчысы Өтөгөн Айманды тегеректеп турган жигиттерин чачыратып, Байчоронун жигиттери качырып кирген экен. Качууга аракет кылып жаткан Өтөгөн Айманды Байчоро атынан оодара сайып колго түшүргөн.

      Туткунга алынган даражасы бийик, ак сөөк адамды өлтүрбөстөн, жанын аманат катары карап, жакшылап багып туруу көчмөндөрдүн жоокерчилик замандагы колдонгон адаты болгон. Ошондуктан туткун тууралу анын элине билдирип, кийин анын туугандары талап кылынган тартуу-тартмекти, көбүнесе мал түрүндө алып келгенде, тартуусун алып, аманат туткундун астында ат мингизип, үстүнө тон кийгизип, эби келсе мындан ары жакшы мамиледе достошуп жүрөлү деп, айрым учурларда аял алып берип аман-эсен бошотуп жиберишчү экен.

      Кыдык Көкүм уулу Байчоро айылында казактын аткаминери Өтөгөн Айманды туткун кылып багып жатканын билип калып, сарыбагыш төбөлү Эсенгул баатыр атайын пайда көрүү кызыкчылыгы менен куралдуу адамдарын жиберип, туткунду күч менен тартып алмакчы болгондо, Байчоро сарыбагыштардын биринин найзасын кагып жиберип, жерге түшкөн найзаны ат үстүнөн эңип алып:-“Казактын акими экенин мен билбесем, Өтөгөн Айман деген улукмун деп бул айтпаса, анан кудай буюрган олжомду сен эмнеге талашасың, атаңдын оозун урайын сарыбагыш! Эр болсоң жекеге чык, чыкпасаң тизгиниңди тарт”,-- деп ат ойнотуп, найза кезеп тап бергенде, омуроолоп келген сарыбагыштан бир да адам жекеге чыгууга дааган эмес экен. Оңой олжого туйтунабыз деген сарыбагыштар шаабайы сууп кайра тартышыптыр.

      Согушта туткун алып, анан да ошол туткунду күч менен алып кетүүгө аракет кылган сарыбагыштарга моюн бербей эрдик кылган Байчоро Көкүм уулу ушул окуядан кийин “Байчоро баатыр” деп таанылган экен. Согуш учурунда колго түшкөн адамга карата болуучу мындай жагдайда кыргыздар эзелтеден эле “нарк талашуу” деп айтып келишкен. Тилекке каршы бул окуя андан ары кандай уланып, кандай бүткөнү санжырада айтылбай, бизге белгисиз бойдон калды. Көкүм уулу Байчоро тууралу санжырада айтылгандарды билишибизче жазып көрөлү. Байчоро атабыз орто бойлуу, кең далылуу, жүзүнөн нур төгүлгөн, бир көргөн кишини өзүнө тартып алган, жугумдуу адам болуптур. Эл арасында балбандыгы, кашкөй баатырдыгы жана айлакерлиги менен белгилүү болгон экен. Бала кезинен эле Камбар атанын тукумдарына жакын болуп, тай минип, кунан чаап, кийин эр жеткенде саяпкер катары мыкты күлүктөрдү таптап жүргөн дешет.

      Атасы Көкүмдүн Торукашка айгырынын үйүрүндө Шамкулак деген сары бээси болуп, бул бээ жаңылбай бир жылы эркек, бир жылы ургаачы кулун тууп, ээсинин абдан жогору баалаган малы экен. Шамкулактын тукуму дайым күлүк чыккан. Атасына окшогон торукашка кулунду Байчоро өз колу менен багып, чоңойтуп, аны кунан кезинен эле табына келтирип, кыдыктын аш-тойлорундагы ат чабыштарга кошуп, байгелерге илине баштаган.

      Байчоро өзү теңдүү өспүрүмдөрдү топтоп алып, алар менен тай-кунан жарыштырып, өзү эле эмес, ошол балдардын да камбар атанын тукумуна болгон кызыгуусун арттырып жүрдү.

      Баягы тай кезинен таптай баштаган Торукашка асый болуп, эми бугу ичинде эле эмес, казакка чейинки чоң ат чабыштарда байгелерге ээ боло баштады. Байчоро 18-20 жашында жигит топтоп, маал-маалы менен ууга чыгып, алдынан чыккан бугу-маралды Торукашка күлүгү менен кубалап жүрүп, чалма салып кармаган учурлары болду. Ошондон тартып Торукашка күлүгү Маралтору аталып чыга келди.

      Байчоро жигиттерин баштап алып, чыгышы Иледен, батышы Узун-Агач аймагына чейинки казактарга, Текесте жаткан калмактарга барып, жылкы тийип, бир катар жортуулдарда болуп, баатыр атана баштады.Байчоронун казактар менен болгон бир окуясы санжырада мындай айтылат:

      - Бейиштин үч уулу—Көкүм, Ырыскулу, Чорондун тукумдарынын арасында бир нече түтүн казак үй-бүлөлөрү жармакташып, жайында жайлоосу, кышында кыштоосу бирге болуп, бээ байлап, кымыз ичип, аш-тойлорунда улак тартып, оюн-зоок кылып, бир туугандай болуп жашап турушкан экен. Күндөрдүн биринде алардын билерманы Бейсенбай келип-“Биз элибизге кетели, эл-жерди таап, өзүнчө ээлик болуп, оокат кылсак дейбиз, мүмкүн болсо, көчөлү деп жатабыз”,--деп Байчорого сунуш кылды.

      Байчоро бейиш тукумунун аксакалдарын чакыртып, бир иригин союп, казанга салып коюп—“Бейсенбай тууган, уруксат кылсаңар өз элибизге көчүп кетсекпи деп жатат, буга кандай дейсиңер”--деп кеңеш курду. Көкүм баш болгон аксакалдар,--“Казак-кыргыз түбү бир атанын баласы, тууган элбиз. Кыз берип, уул үйлөп куда-сөөк да болуп турабыз. Бейсенбайдын туугандарына энчисин берип, көңүлүн оорутпай жакшылап сыйлап, алардын да ажыраш аягын ичип, казак менен кыргыздын чегине чейин узатып коёлу”—дешип, бир бүтүмгө келишти.

      Казактар бул бүтүм боюнча жоопту күтпөй эле жоо куугансып, түнү менен көчүп кетишиптир. Эртеси таң атканда мал издеп жүргөн бирөө ээн калган журтту көрүп, айтып келиптир. Чын эле журт ээн калып, тегерек-чекеси аңгырап бош турган казактардын айылынын ордун көрүп, уурулардай болуп, качкан немедей көчүп кеткенине таң калып, Бейиштин балдары казак туугандардын бул кылыгына өкүнүп кала беришти.

      Байчоро казактардын ээн калган ордун кыдырып көрүп жүрүп, казактардын жосунсуз ишине күбө болду.Тартылган желе жок, аны жыйнап алып, бирок бош сабаны отурган ордунда таштап кетишиптир. Муну көрүп Байчоро—“Казактар кылгылыкты кылган экен, желени алып, сабанын капталын кесип таштап кетишиптир. Казактын бул кылганы –берекең кетип, ырыскың кесилип калсын дегениби? Казактар жердин берекеси менен элдин ырыскысын ала кеткен турбайбы”,--деп ачууланып, жанын коёрго жер таппай жүрдү.

      Ошондо Ырыскулунун уулу Ажыбек, бул дагы көйкашка жигиттердин бири экен,--“Эмнени карап турабыз, “бөрү баласы ит болбойт” деген ушул. Казактын артынан барып, жер түбүнө түшүп кетсе да эси-көөнүнөн кеткис кылалы”-деп күүлөндү. Ансыз да казактардын кылыгына жаны күйүп турган Байчоро мыкты жигиттерден 50нү топтоп алып, көчө качкан казактардын артынан түштү. Казактын чегине жеткен кезде алды жакта турган жалгыз алачыкка кайрылышты эле, андан бир жаш бала чыгып, салам айтып учурашып калды. Бул баланы Бейсенбай –“Кыргыздар келип калабы, акмалап тур, келип калса бизге кабар кыл”-деп калтырып койгон экен.

      Байчоронун буйругу менен тиги баланы –“Казактын кайсы тарапта экенин көрсөтүп бересиң”-деп өздөрү менен кошо ала жөнөштү. Бай-Конус деген жерге келишкенде алардын астынан 20дай куралдуу жигиттер тосуп чыгышты. Каракашка ат минген чекир көздүү, олбурлуу кара жигит башчысы экен. Буларды,- “Арттан куугун келип калса, биз узап кеткенче кармап тургула”, - деп Бейсенбай жол тостуруп койгон экен. Жигит башчысы болгон олбурлуу неме каракашка атын булкунтуп, узун найза алып, алдыга чыга келди. Бул анын жеке кармашка чакырганы болчу.

      Ага каршы Байчоро өзү чыгып, астындагы мингени Маралтору, анын да колунда найзасы бар. Эки баатыр атка камчы уруп, найза сунуп, бири-бирин качырып сала беришти. Байчоро казакты таамайлап туруп уруп өткөндө найза казактын көкүрөгүндө сайылган бойдон калып, ал аттан ооп барып, колунан найзасы түшүп, чалкасынан жатып калды. Байчоро кайрылып келип, ат үстүнөн туруп найзаны бурап сууруп алганда казак жигит жан берди. Байчоронун жигиттеринин курчоосунда калган казак жоокерлери каршылык көрсөткөнгө жарабай, куралдарын таштап, аттарынан түшүп беришти. Алардын колу-буттарын байлап, аттарын кошоктоп беш жигитти кайтарууга коюп, Байчоро куугунду андан ары улантты. Жарым күн жол жүргөндөн кийин казактарга жете келишти. Алар Көк-Камыш деген жерге жүк түшүрүп, убактылуу өргүп жатышкан экен.

      Жигиттери менен келип жеткен Байчорону көрүп Бейсенбай жашынып калыптыр. Бул казактар 70-80дей түтүн экен Бирок, Байчоронун куралдуу жигиттерин көргөндө каршылык кылуудан чочулап турушту. Ошондо аксакалдардын 5-6сы Байчоронун алдына келип- “Итчилик бизден кетти, ажырашаяк берип, ыраазычылык менен көчсөк болмок, тиги Бейсенбай биз айткан кепке көнбөй, түн каткан каракчыдай болуп, көчө качтык. Ал аз келгенсип, үч үйүр жылкыңарды айдай кеттик”,-дешип, курларын моюндарына салып мүңкүрөп турушту. Байчоро аттан түшүп, казак аксакалдарына жакындап келип, ич күптүсүн чыгара дооматын айтты,-“Бир тууган болуп, кубаныч- кайгыны тең бөлүшүп, ийгиликтерге ортоктош болуп жүргөн эл элек. Ушул кылганыңар жакшыбы? Кыйырга кол салган каракчылардай болуп, жылкыларыбызды үйүрлөрү менен айдап кетипсиңер. Бейсенбай кеңеш сурап келди эле, жообун угуп чыдай турсаңар, биз деле салтка ылайык узатмакпыз.Үйүңөрдү чечишип, жүгүңөрдү жүктөшүп, көлүгүңөрдү айдашып, жетчү жериңерге чейин коштоп барат элек го”-деп таарынчын кошо билдире айтты. Аксакалдар жүйөөлүү айтылган кепке муюп, ансыз деле күнөөлүү болуп турган немелер бир –эки ооз кеп менен болсо да актана алышкан жок. Азыр алар Байчоро эмне деп талап койсо, бардыгына макул болгондон башка чаралары жок эле.

      “Жолдо Байчоронун колунан набыт болгон жигит үчүн кун албайбыз, мындан ары мурдагы сый-сыпатыбызды сактап, мамилелеш, кызматташ болуп жүрөлү”,- дешип, ант бекитишип, казактардын сыйын көрүп, үч үйүр жылкысын кайрып алып, Байчоролор кайра тартып кетишти. Кайтып келе жатып жолдо байланып жаткан жигиттерди бошотуп, аттарын, курал-жарактары менен кайтарып берип, курман болгон жигиттин сөөгүн атына жүктөтүп, казак жигиттерин узатып коюшту.

      Үйгө кайтып келгенде Байчоро казактар менен болгон окуяны атасына айтып берди. Казак жигиттин өлгөнүн укканда Көкүм,-“Алда балам айе, тынч эле бүтүрүп келсең болмок, ошол үч үйүр жылкы адамдын жанынан артык бекен”-дептир.

      Байчоро менен үзөңгүлөш жүргөн досу тынымсейит Эшим бир күнү келип, -“Уулум Буйлаш 16га келди. Кыдыктын бейиш тукумунан куда күтсөкпү дедим эле. Бала кезибизден тең чоңоюп жетилдик. Сен Алсейиттен болсоң, мен Тынымсейиттенмин, алыс деле эмеспиз, макул болсоң кызың Алтынайды келин кылып алайын”—деп жакшы тилегин билдирген экен. Байчоро эзелтен келаткан ата салтын сыйлап, Эшимдин өтүнүчүн эске алуу менен атасы Көкүмгө кеңеш салат. Көкүм, -“Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер” деген, Эшим да оңой киши эмес, жакшы жердин тукуму. Өзүңдүн макулмун деген оюң болсо, кызыңды Эшимге бүлө кылып бергениң эле оң”-деп сөздү бүтүрөт. Ошентип, Байчоро кызы Алтынайды күзүндө Буйлашка турмушка берген экен.

      Буйлаш кийин тынымсейит ичиндеги чабалдай уулунун чоң байы жана эл башкарган бийи болгондугу тарыхта белгилүү. Буйлаш байбичеси Алтынай эжебизден беш уул көрүп, төркүнү желдең Төрөкан деген токол аялынан Арыстанбек деген уулдуу болот. Арыстанбек Буйлаш уулу кыргыз маданиятынын тарыхында белгилүү орунду ээлеген атактуу ырчы, залкар комузчу болгон. Байчоро Көкүм уулу тууралу санжыра боюнча колдо болгон маалыматыбыз ушулар эле.

      Ошентсе да Көкүм уулу Байчоронун намыскөй, эли-жери үчүн жанын аябаган эрлердин бири болгондугу менен санжыранын кенемтеси толукталып турат. Байчоро баатырдын эрдигин бүгүнкү муундун өкүлдөрүнүн биле жүрүшү абзел жана бул өтө маанилүү.


                           БОРОМБАЙ СУЛТАН                                                                                                           (Мазмунга)

      Бугу уруусун башкарып турган Алдаш бий 65 жашында бул дүйнөдөн өткөн экен. Анын ордуна 25 жаштагы уулу Бирназар бий болуп шайланып, бир нече жыл бугу элин татыктуу башкарды. Кытай, Кокон, Казак менен алыш-бериш жүргүзүп, эл ичи сырт жактан бейгам болду.

      Бирназар бий өз мезгилинин акылман кишиси, адамкерчилик сапаттары менен айырмаланып турган, элге абдан алынган, сый-урматка ээ бийлерден болгон экен. Бирназар бийдин да көзү өтүп, бугуда бийлик тизгини Боромбай Меңмурат уулунун колуна тийди. Бирназардын ашын өткөрүп жатып, 1814-жылы аны бугу уруусуна бий кылып көтөрүшөт. Бул мезгил бугулар үчүн кыйын мезгил эле. Коңшу казак уруулары менен Текесте жаткан калмактар тарабынан тынчтык болбой тургоаны аз келгенсип, Кокон хандыгынын баскынчы саясаты жана Кытай империясынын тымызын бузукулук аракеттери жүрүп, Ысык-Көлдүн эртеңки тагдыры кооптуу болуп турган. Ошондуктан, жалпы көлдөгү урууларды бириктирип, сырткы күчтөр тарабынан жасалып жаткан басып алуучулук коркунучтардан элди-жерди сактап калуу үчүн аракеттер керек эле. Ушул зарылдыктан улам, 1824-жылы Арык тукумунун, белек, кыдык, бапа, желдең, көлдөгү тынымсейит урууларынын жана ошондой эле бугунун ичинде турушкан дөөлөс, мундуз, коңурат, саяк, азык, чериктин өкүлдөрүнүн катышуусундагы Жыргалаңдын боюнда өткөн чоң жыйында Боромбай бий бугунун эле эмес жалпы көл элинин чоң манабы болуп шайланып, ага “султан” деген даража ыйгарылат. Кийинки окуялар көрсөткөндөй бул абдан туура чечим болгон. Боромбай султан жалпы көл элин бир туунун түбүнө бириктирип, эл башчылык милдетти намыстуулук менен аткарды. Боромбай султан ой чабыты кенен, токтоо, мыкты адамкерчилик сапаттарга ээ, калыстыкты катуу карманган, эл тагдырын чечүүдө өткөрө сабырдуу, чечим кабыл алганда “Жети өлчөп, бир кесип”, шашкалактап, алабармандыкка салбай, журт жакшылары менен кеңешип. терең ойлонуп салмактап көрүп, акыл калчап бүтүм чыгарган. өтө сак, аяр саясатчы болгон.

      Султандын байтактысы Жууку капчыгайынын ичиндеги Кызыл-Үңкүрдө жайгашып, кенешчиси Сарт аке, дипломат элчиси Тилекмат, кол башчысы Балбай баатыр болгон. Боромбай султанга асыранды уулу Кылыч баштаган ишенимдүү, берилген жигиттер кызмат кылышкан. Балбай баатыр баштаган эр жүрөк баатырлар арка-бел болуп турушкан. Ошондуктан Боромбай султан:”-Күңгөйдө Нурдөөлөт менен Балбай, көлдүн көкүрөгүндө Өмүр менен Мырза, тескейде Жанек менен Намазбек турганда көл элинен менин санаам тынч”-деп айтчу экен.


                           ЖАНТАЙ ХАН, ОРМОН ХАН.                                                                                                           (Мазмунга)

      Аркалык кыргыздарда XVIII кылымдагы калмак-кыргыздын ханы Белектен кийин (аны калмак төрөсү өз алдынча эле хан деп жарыялап койгон) XIX кылымдын 30-жылдарына чейин “хан” даражасын алган адам болгон эмес. Атаке-сарыбагыштары Карабектин ашында анын иниси Таштанбектин сунушу менен Жантай Карабек уулун өз алдынча хан көтөрүп алышкан. Атаке-сарыбагыштар Кичи-Кемин, Чоң-Кемин өрөөндөрүн, Чүйдүн башынан, Боомдун ичиндеги жерлерге ээлик кылып турушкан.

      Карабектин ашына катышып, Жантайдын хан көтөрүлгөнүн көргөн Ормон Ниязбек уулу өзү да хан болгусу келип, “кызыл тебетей” кийип, кыргызды башкарып калууну алдына максат кылып койгон экен. Ал бул максатын 1842-жылы ишке ашырган. Ал эми Белек Солтоноев бүткүл арка кыргыздарына Ормон 37-39 жашында “кызыл тебетей” кийип, ак кийизге отуруп хан көтөрүлгөнүн жазат. (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы 1-китеп. Б., 1993. 195-б). Эгерде Б.Солтоноевге макул болсок, Ормон 1830-жылдарда эле хан шайланган болуп калат. Бул мындайча болот:

      Ормондун аракети менен туш тарапка чабармандар жиберилип, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ата-Башы, Кетмен-Төбө аймактарындагы кыргыз урууларын баш коштуруп, өзүнчө хандык түзүүгө ниеттенип, көл аягы Көтмалдыга жакын Кызыл-Сазга (Тармал-Саз деп да коюшат) курултай өткөрөт. Ага бүтүндөй аркалык кыргыздардын журт башчылары чакырылат.

      Кызыл-Саздагы курултайга сарыбагыштан Жантай хан, Калыгул олуя, Төрөгелди баатыр, бугудан Боромбай султан, Мураталы бий, солтодон Жангарач бий, Тыналы бий саяктан Медет датка, Чыны бий, Чериктен Ажыбек баатыр, Матай бий, кушчудан Калча бий, саруудан Ажыбек датка моңолдордон Жакыпбек баштаган өкүлдөр келет. Бул курултайга кайсы бир маалыматтар боюнча адигине жана ичкиликтердин өкүлү болуп Алымбек датка да катышкан. (К.Үсөнбаев. “Ормон хан” Б., 1999. 31-б.)

      Булардын ар бирин өз уруктарынан 40-50дөй журт билермандары коштоп келишкен. Тоңдук санжырачылар (Ак-Сай айылынан) Султангазы Түйтөк уулунун жана Ашуубай Жамгырчы уулунун айткандары боюнча ошондо Боромбай менен Мураталыны коштоп баргандардын арасында кыдыктардан Самсалы, Борсук бий баштаган аттуу-баштуулар Канай, Абдыраман, Карбоз, Бектиян, Илепес болушкан экен.

      Курултайда Ниязбек уулу Ормон хан көтөрүлүп, кызыл кымкап менен тышталган тебетей кийгизилет. санжырада Ормондун жоо бетиндеги кол башчысы болуп Төрөгелди баатырдын, айыл ичиндеги аскердин башчысы болуп Алыбек баатырдын дайындалгандыгы, Ормондун маңдайындагы акылдаш-кеңешчилери Меңназар Сергейан, Жаманжээн жана Медербек болгондугу, ал эми тышкы кеңешчи болуп Жантайдын дайындалгандыгы айтылат. Жигит башчысы баш чабарман Саза болгон экен.

      Ормон хандын эл бийлөөдөгү мыйзамы “Ормон окуу” деген аталыш менен элге кеңири белгилүү болгон. Ал эл башкарууну түрдүү айла-амалдарды колдонуу менен, таш боордук жана зордукчул, дөөгүрсүгөн докчул ыкмалар менен ишке ашырып турган. Санжырада бул “Ормон опуза” деп аталат.

      Ормон хан шайлангандан кийин ордосун көлдүн күңгөйүндөгү Байсорун деген жерге көчүрүп келген. Ордодо атайын тартип орнотулган. Ормондун туусу менен мөөрү болгон. Ал борбордошкон кыргыз мамлекетин түзүүгө аракет кылган. Бирок, өзүнүн ашкере өкүмчүлдүгү жана аксым кылык-жоруктары менен кыыргыз уруу башчыларына жаккан эмес. Кайсы жерге, кайсы элге барса да, эл андан коркуп турган. Ормондун хандык бийлиги сарыбагыш уруусунда эле толук таанылып, аркалык кыргыз урууларынын көпчүлүгү сөз жүзүндө эле моюн сунуп, иш жүзүндө баш ийбей өз алдынча болушкан.

      Кийинки тарыхый окуялар көросөткөндөй, Ормон хандын борбордошкон кыргыз мамлекетин түзүү аракети ишке ашпай калды.


                           КЕНЕНСАРЫНЫН ЖОРТУУЛУНА КАРШЫ КҮРӨШ                                                                                                           (Мазмунга)

      Абылай хандын жортуулунан 70 жыл өткөндөн кийин кыргыздар казак султаны Кененсары Касымовдун кол салуусуна тушукту. Бул кыргыз тарыхында “Кененсары-Ноорузбайдын согушу” деп аталып калды.

      1833-жылдан тартып Орусия жалпы казак журтуна өз үстөмдүгүн орноткон. Буга нааразы болгон Кененсары Касымов чоң атасы Абылай хандын мамлекетин кайра калыбына келтирүү максатында “Орто жүз хандыгын” түзүүгө аракеттенген. Ал бүткүл казакка орус бийлигин тааныбоо чакырыгы менен кайрылган. Кененсарынын кыймылы 1837—1847-жылдарда болуп, дээрлик он жылга созулган. Ал ошол кезде жергиликтүү орус бийлиги жайгашкан Оренбург шаарына жүрүш жасап, орус аскерлери менен бир нече салгылашууларды өткөргөн. Бул салгылашууларда ийгиликке ээ болбогондон кийин Кененсары өзүнө баш ийген айылдарын Торгой чөлкөмүнөн көчүрүп, Жети-Сууга келген. Ал бул жерде да Кокон хандыгына жана орус падышачылыгына каршы казак-кыргыз биргелешип күрөш жүргүзүү сунушу менен Чүйдөгү сарыбагыштардын башчысы Жантай ханга жана солтолордун башчысы Жангарач бийге элчи жиберет. Бул сунушунда Кененсары өзүн хан катары таанууну жана зекет берип турууну талап кылат. Чүйдөгү журт билермандары чогулуп сүйлөшүп, хандык Ормонго таандык экендигин билдирип, эч жооп айтпай элчини конок кылып туруп узатып жиберишет. Бул тууралу кабар алгандан кийин Ормон хан жашы улуу болгондуктан хандыкты өзүнө калтырып, калган бардык бийликти каалагандай башкаруу укугун Кененсарыга бере тургандыгын билдирген. Ормондун бул жообуна макул болбогон Кененсары кыргызды күч менен баш ийдирүү аракетин баштайт.

      1846-жылы Мазарлуу Кара-Суунун күн чыгыш жагында турган тынай Калпак бийдин айылын басып кирип, талкалаган. Калпак, аны менен Мамбет жана башкалар окко учкан. Калпактын бир инисин канжыганын кайыш боосу менен байлап туруп, жан жерин сууруп өлтүргөн. Казактар жаш балдарды өлтүрүп, боюнда бар аялдардын ичин жарып, баласын алып мууздап, керегенин башына илип, келин-кыздарын олжого алабыз деп өзүнчө бөлгөн. (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Б., 1993. 205-бет)

      Кан төгүлгөн кармашуулар андан ары Кур-Көңдөй, Ыргайтынын колоту деген жерлерде уланып, казакка каршы тынай, черикчи сарыбагыштары да согушка кирген. Бул салгылашууларда кыргыздар басымдуулук кылып. көбү солтолор болгон. Мына ушундан кийин Кененсары согушун токтотуп, кайтып кетүүгө аргасыз болгон.

      Кийинки 1847-жылы жазгы көктөмдө Кененсары менен иниси Ноорузбайдын он миңден ашуун аскери Чүйдү кайрадан басып кирген. Кененсары Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабына, Ноорузбай болсо батыш тарабына чабуул коюп, элди чаап, мыкаачылык иштерди жасап, жатышты. Чүйдүн батышындагы солто эли чыгышына көчүп, сарыбагыштарга кошулуп, эми Жангарач башында турган солтонун колу, Жантай башкарган сарыбагыштын колу менен чогуу казактарга каршы баатырдык менен салгылашып турушту.

      Согуштун сегизинчи күнү алар Ормондон жардам сурашып, үч кишини чабарман кылып жиберишет. Бул арада Ормон кол топтоп, Шамшыны ашып, 200 киши менен согуштун он экинчи күнүндө Чүйгө келиптир. Ормон Узун-Булакка келип жайгашканда, солто, сарыбагыштын билермандары текши келип учурашкан экен. Ошондо Ормон төөлөргө жүктөп ала келген азык-түлүгүн жоо менен кармашып жаткан элге таратып берип, жетелей келген семиз кызыл бээни түлөө кылып мууздаткан дейт.

      Эртеси Ормон хан керней-сурнайын тарттырып, согуш эртеден кечке чейин созулган экен. Акырында кыргыздар Кененсарынын колун Токмоктун түндүк жагындагы Мыкандын кара сазына сүрүп барып, сазга камап туруп кырган экен. Кененсары хан менен Ноорузбай колго түшүрүлүп өлтүрүлгөн. Санжырада бул тууралу ар түрдүүчө айтылат. Кененсары менен болгон согуш тууралу Белек Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы” китебинде кеңири баяндайт.

      Кененсарынын өлтүрүлгөнүнө тоңдук чечйлердин ата-бабаларынын да түздөн-түз катышы бар экен. Эмесе, ушул тууралу маалыматтарга токтололу. Акималы Мамбетов “Чечей уруусунун санжырасында” кызык жана далилдүү маалыматтарды берет.”...Кененсары Беркиташтын тоосунун бир жылгасына качып барып жашынган экен. Ошол кезде анын артынан сая түшкөн Калча өзүнүн моңолдор аталаш бир туугандары Дайырбек, Алымбек, Айтак, Атымбек болуп Беркиташтын “Кекели” деген коктусунан кармашыптыр десе, дагы бирөө Көк-Булактын жылгасындагы үңкүрдө жаткан жеринен аңдып, сууга бара жаткан жеринен жигитин колго түшүрүшүптүр. Жигитинен үңкүрдүн тар экенин, оозунан эки киши араң өтөөрүн тактап сурап алышып, капарсыз жатканда Калча баатыр аталаш бир тууганы Дайырбек менен дабыштарын билгизбей үңкүргө кирип барышат. Байкатпай эки колдон кармаарда, Кененсары өзүнүн кылычы менен Дайырбекти сая турган болгондо, Калча баатыр жетишип, эки колу менен Кененсарынын бир колун бурай кармап, кылыч кармаган колун өтүктүн башы менен чыканакка тепкенде, кол өйдө көтөрүлүп кетип, Дайырбектин каруусунун үстүнөн кичинекей жерин тилип кетет. Көтөрүлгөн колун Дайырбек шак бурай кармап, экөө эки колун бурап жерге жыгып байлап, Алмалуу айылына алып келишиптир” (А.Мамбетов. Чечей уруусунун санжырасы. 191-б)

      Белек Солтоноевдин жазганына караганда ушул жерде Кененсарыны үч күн багып туруп, андан кийин Жантайга кабар жиберишкен. Жантай эки күндөн кийин келип, Ормонго акыл салганда: -“Аттап-тондоп узатып жибергиле”-дептир. Бирок, Кененсарынын колунан ажал таап, азап тарткандардын жакындары буга макул болбостон, Кененсарыны өлтүрөбүз деп айылды тегеректеп алышкан экен. Кененсарынын- “Мени кыргыздын башчыларынын бирине жолуктургула” дегенине болбой, Жантай анын башын кесүүгө буйрук бериптир. Эми кайрадан Акималы Мамбетовго кайрылалы: “андай атактуу баатырды өлтүрбөй көпкө кармоого болбостугун түшүнгөн Калча баатыр Кененсарыдан-“Эмне талабың бар?”-деп сурайт. Кененсары:

      --Биринчи талабым -- ханга жолуктуруп өлтүр,--дегенде:

      --Ал талабың аткарылбайт, себеби, кыргызды үч жолу чаап, күнөөсүз элди кырып, канына забын болгонсуң,--деп биринчи талабын аткарышпайт.

      --Экинчи талабыңды айт?

      --Экинчи талабым – канымды толтуруп туруп өлтүргүлө,--дейт.

      --Каның кандай болгондо толот?,--деп сурашканда:

      --Каным бир чоң самоор кызыл чайга толот,--дейт. Өтүнүчү аткарылып, бир чоң самоор кызыл чай ичкенден кийин эки бети кызарып, каны толуп, даарат алып, намаз окуп, кыбыланы карап отуруп берген экен.

      --Акыркы талабым—бир чаап өлтүргүлө,--дейт. Бирок, ошол кезде бир аял безилдеп ыйлап:

      --Менин эки баламды, күйөөмдү өлтүргөн, Кененсарынын башын өзүм кесмейинче табам канбайт,--деп балта менен чапканда баш ыргыпп кетпей с алаңдап калыптыр. Жанында турган Калча баатыр балтаны ала коюп чапканда баш ыргып кеткен экен... Кененсарынын өтүнүчү аткарылып, башы кесилгенден кийин Калча баатыр токтоосуз өлүктү көмдүрөт. Кененсарыны кошо кармашып келген Айтак аттуу тууганын Карабектин хан Жантайына сүйүнчүлөп жөнөтөт. Айтак сүйүнчүлөп хан Жантайга барганда-“эми тынчыган экенбиз”,-деп катуу кубанычта болуп, Айтакты жакшы кабыл алып, сыйлап, сүйүнчүсүнө бир байдын татынакай Бытый аттуу кызын алып берип, сый-урмат менен жөнөтүптүр. Ал аялынан Айтак атабыз алты уулдуу болот. Алар Токтогул, Абдыракман, Токтосун,Дырынбай, Чекир, Кыдырбай деген адамдар болгон. (биздин айылда жашап өткөн). Алардын тукумдары тарыхка күбө болуп, ошол жерде ж.ашап турушат.

      Кийин көп жылдар өткөндө Кененсарынын небереси издеп келип,--“ чоң атамдын ээри калыптыр, бергиле”,-деп сураганда, ээрди Жапар атабыз өгүзгө токуп минип жүргөн жеринен кайтарып бериптир. Ээрди алгандан кийин небереси:”-бул ээр алтындан жасалган, сырты булгаары менен капталган”.-деп айтып кетиптир. Бул эл оозунда айтылып жүргөн сөз болгондуктан өзгөртүлбөй жазылды. Бул ээр чындап эле алтындан жасалган болсо, ээрди эч ким көтөрүп атка токуй алмак эмес, абдан оор болмок. Муну кайран казак атасынын наамын көтөрүш үчүн эле айткан сөз болуш керек же, кээ бир китептерде жазылып жүргөндөй, Кененсарынын ээринин кашын оюп туруп чүкөдөй алтындын уютмасын кошо куюп койгон деп жүрүшөт. Бул чындыкка жакын. Кененсарыны өлтүргөндөн кийин Калча баатыр көп кишиге билгизбей түн ичинде айылга жакын эле жерден мүрзө каздырып, күн батыш жагын ойдуруп, ойдурган жерге жаткырып тез эле көөмп таштаган деген кеп бар. Кийин ал жерди Нурдиндин уулу Азимбай дааратканга казып жатып, башы жок сөөктү таап алып Орто Алмалуунун аягындагы мектептин жанындагы мүрзөнүн чет жагынан казып туруп, сөөктү көөмп таштайт. Ошол жерди казактар сураштырып угуп, 2007-жылы чөбөрөсү келип, сөөктү казып алып кетиптир. Ошентип аягында Калча. Дайырбек баатырлардын ат көтөргүс чоң баатырдык эмгеги менен кыргыз элин көп жылдар бою азапка салып, канын төгүп турган Кененсарынын башы кесилип, элибиз тынчыган экен.

      Эми менин агайын-туугандарым жана кыргыз элим, сиздерге айтаарым кичинекей чечей уруусунун санжырасын жазып жатып көптөгөн тарыхый китептерди, санжыраларды карап чыгып, айрыкча Калча, Дайырбек баатырлар жазылып, айтылгандарга көңүл буруп, ошол тарыхчыларыбыз, санжырачыларыбыз жазганда жана телевизордон кыргыздын санжыраларын баяндап элге жеткиргенде, ар ким өз көмөчүнө (күл) жан тартпай, тактап, териштирип, чындыкка жакындаштырып жазып жана берип турсак жакшы болот эле. Азыркы мезгилде “жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” деген кыргызда кеп бар. Анын сыңарындай бир орчундуу иш болсо эле аны чындыгына жетип, териштирбей эле өздөрүнүн өтө жакын кишилерине жабыштырып, адилеттүүлүктөн тайып, Манаска теңеп калышат. Ошондуктан, чечейдин санжырасында жазылган Калча, Дайырбек баатырлардын казактардын Кененсарысы менен болгон согуштагы баатырдык эмгектерин териштирип, ошол баатырлардын урпактары менен кеңешип, чындык далилдерге таянып туруп, кагазга түшүрдүк. Бирок, бул маселелерди чоң тарыхчы, санжырачылар эчак эле өздөрүнө менчиктештирип алышыптыр. Мындайлар ондоп саналат. Алардын ичинен бир-эки мисалдарды көрсөтө кетейин.

      Алсак, Закиров Сапарбектин “Кыргыз санжырасы”китебинин 132-бетинде “Кененсары, Ноорузбайдын кыргыздарга чабуулу” теген темада жазылган Кененсарынын кандай өлгөнүн өзгөртпөй берели. “Кененсарыны Теке секирик тоосунун Каракоңузга жакын жеринде тынай уругунан чыккан Кармыштын уулдары кармап келген экен. Бул окуялар 1847-жылы болгон. (Кененсарынын өлтүрүлүшүн эл оозунда ар түрдүү айтышат). Чыны, Жантайдын үйүндө Калыгул Кубат уулу башын алган экен. Кененсары өлөөр алдында:--“Ай ит кыргыз, ханыңды көрсөт, анан өлтүр”.-дейт. -Ханды көргөн баш өлбөйт, сенин кылбаганың барбы кыргызга”-деп башын ыргыта чабат Калыгул. Мунун чындыгы андан он жыл өткөндөн кийин келген орус окумуштуусу, саякатчы И.Венюков жана Токмок уездинин башкаруучусу полковник М.П.Пушин да ырастап отурат,--деп баяндап кетиптир. Ушул эле баяндаманы Турдакун Султанов “Кыргыздардын өзөктүү санжырасы” китебинин 352-бетинде кийин Кененсары. Ноорузбай колго түшкөндө Кененсарыны Атаке тукумдары өлтүрүптүр деген ойду айткан. Мурунку жылы Кененсарынын колунан өлгөн Ормонбек. Субанбектин иниси Тайсары Таштанбектин болот кылычы менен шилтегенде Кененсарынын башы ыргып кетиптир. Өлүгү Кызыл-Суу, Алмалуу коктусунун орто бөксө тоосуна коюлган, жашы 45 чамасында болгон имиш,--деп айтылат. Ноорузбайды Калпактын жигити Түлөбай балта менен чаап өлтүргөн, -деп да жүрөт.

      Ө.Ж.Осмоновдун “Кыргыз тарыхы” китебинин 178-179- беттеринде “кан суудай аккан бул кармашта кыргыздар жоону сүрүп отуруп, Мыкандын Кара-Суусундагы сазга (азыркы кең-Булуң кыштагы жайгашкан жер) камашат. Казактын бир бөлүгү курчоодон эптеп качып кутулат. Душмандардын көбү сазга тыгылып өлөт. Аман калгандары колго түшүп берет. Кененсары менен Ноорузбайды сарыбагыштын чечей уругунан Дайырбек, жарбаң уругунан Калча, Аксакал деген жигиттер колго түшүрүшөт. Ошентип, өзү келип катылып, тынч жаткан элди ырайымсыздык менен кырган Кененсары жакын адамдары менен кошо колго түшүп. өлтүрүлгөн. Бул салгылашта казактын 32 султаны курман болгон.”.

      ...Жогоруда жазылгандардын баары жана телевидение аркылуу баяндап берген жарандардын айтуусу чындыкка жакындабайт. Ал эми чындыкка жакыныраак Кененсарыны кармап өлтүргөн кишилердин урпактарынан алынып, такталып ынандыра турган сөздөргө токтололу. Биринчиден Кененсарынын башын кескенден кийин Айтак деген атабыз Карабектин хан Жантайына сүйүнчүлөп барып, Бытый деген кызды аялдыкка алып бергенин жогоруда айтып өттүк. Ошол кыздан тараган биздин айылдагы Айтактын балдары жана урпактары аныктап турат.

      Экинчиси, 1930-40-жылдарда Кененсарынын небереси келип, Алмалуу айылында жашап турган Дайырбек баатырдын небереси Жапар деген кишиден Кененсарынын ээрин алып кетиптир. Андан кийин сөөгү да ушул айылда болуш керек деп, көптөгөн кишилер көзү ачыктарды алып келишип, шектүү жерлерди каздырып, таппай кетип жүрүшкөндөрүн айтышууда. Көп жылдардан бери казактардын көзү ачыктары биринен сала бири келип, мерчемдүү жерлерди каздырып таба албай жүрүшүптүр.

      Үчүнчүсү, бир күнү Алмалуу айылынын жашоочусу Нурдин уулу Азимбай үй курууга жер алып, дааратканга казып жатса башы жок адамдын сөөгү табылат. Ал сөөктү карыяларга кеңешип туруп, мүрзөнүн четине куран окуп, көөмп коёт. Андан көп жыл өткөндөн кийин казактар дагы келип, көзү ачыктардын айтуусу боюнча көп жерди казып, таба албай турганда кыргыздар Кененсарынын сөөгүн таап алып, башка жерге көмгөндүгүн угуп калышат. Анан казактар Нурдин уулу Азимбайга барышып, :

      --Үй куруп жатыптырсың, ага көп акча каражаты керек. Үйдүн курулушуна жеткендей каражатты биз беребиз,--деп алдап айттырып алышып, сөөктү казып кетишиптир. Мурунку жана кийинки казылган орундарга “Казактын ханы Кененсары. 1847-жыл” деген эстеликтерди коюп кетишиптир.Ал эстеликти койдурган кишилер Канат Сариев, Айсара тате азыр Курдай районунун борборунда жашап турушат. Булардан башка дагы көп казактар болгон.

      Бул эстеликтер Кененсары ханды Алмалуу айылына кармап келип. Калча, Дайырбек баатырлар башын кесип, сөөгүн ошол жерге көмгөндүгүн үчүнчү жолу ырастап турат.

      Төртүнчүсү, аягында айтаарым. А.Салымбековдун “Улуу инсандарга урпактардан таазим” деген китебинин 66-бетинде Жантай бийдин Батыш Сибирь генерал-губернатору, князь Горчаковго жиберген каты тастыктап турат. Ал катта “...үч күн курчоого алып, айласын түгөтүп кысып турдук. Бул убакта Ормон баатыр жок эле, бир тууганыбыз Ормон аны көрбөдү. Кененсарыны менин кишим Калча колго түшүрүп, биринчи мага билдирди. Кененсарыны биз өзүбүз талкаладык. Мыкаачы Кененсарыны бир туугандар Калча, Дайырбек экөө өз колдору менен кармап келип, башын алган баатырларды Калыгул алып барган сыйлык тизмесине киргизишпей, алтын медалдар менен сыйлашпай койгону өкүнүчтүү”,--деп жазылган.

      Ал катта бир туугандар Калча менен Дайырбек Кененсарыны өз колдору менен кармап келип өлтүргөндүгү ырасталып турса да, эки баатырдын эмгектери бааланбай, сыйлыктын тизмесине киргизилбей, согушка катышпаган Ормон хан өзүн. өзүнүн уулун жана жакын туугандарынын ысымдарын жазып жөнөткөн. Бул жерде “Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” болуп, Ормон хан өзү “Манас” болуп, сыйлыктарды өзүнө ыйгарып алгандыгы ачык эле адилетсиздик болуп калган... Ормон хан сыйлыктарды кабыл алып, салтанаттуу кырдаалда кыргыз элинин кол башчыларына, жоокерлерине орус императору Николай биринчиден алтын медалды, ардак халаттарын (алтын менен сайылган) сый ээлерине таппшырат.Алар, Үмөталы Ормонов, Байбута Болотов, Токтор Карачин, Аюке Солтонов бардыгы болуп 12 адам сыйланган. Ормонго подполковник чини берилген. Бул ойду Жантай баатырдын генерал-губернаторго жазган каты да далилдеп турат. Мындай чындыкты жазган Жантай баатырдын катын эл арасында ынтымактын начар экендигин орус өлкөсү баамдаган деген ойлорго келишиптир. Бирок, Жантай хандын чындыкты ачык айткан, түз, калыс жүргөн киши экендигин эл түшүнөт. Бирок, тарыхый маалымат тастыктап тургандай, Калча, Дайырбекке калыстыгы жок сыйлыктар (алтын медаль, ардактуу чепкен, акчалай сыйлыктар) берилбесе да, экөө болуп көрбөгөндөй баатырдыгы менен элдин эсинде калды. (А.Мамбетов. “Чечей уруусунун санжырасы” 191-197-беттер).

      Кененсарыга каршы согушту уюштурууда жана башкарууда Жантай хан көрүнүктүү ролду ойногон деп, бир катар тарыхчылар баса белгилеп жүрүшөт. Казак ханы Кененсарынын жеңилиши жөнүндө Жантай хан Батыш сибирь генерал- губернатору П. Д. Горчаковго жазган дагы бир катында Казак ханы Кененсарынын жеңилишине мен көп күч жумшадым. Алардын биринчи келишинде мен аларды кырдым, жети миң адамы өлдү. Ошондой эле мен тараптан да көп адам каза тапкан. Анын экинчи жолку келишинде мен аларды үч күн эч жакка жылдырбай, курчоодо кармап турдум. Андан кийин бизге Ормон баатыр келип, Кененсары баш болгон казак аскерлери кайра качышты. Алардын артынан кууп жетип, алардын кош\уунунан көп адамды жок кылдык. Мага таандык кыргыздардан менин үч бир тууганым Кененсарыны колго түшүрүп бизге алып келди.

      ...Мен өзүмдүн тууганым Кожобекке Кененсарыга менин жүзүмдү көрсөтпөй, көрүшүүгө уруксат бербей, башын кесип коюуну буюрдум. Мен сиздин өкмөттү (Россия өкмөтүн) ишендирүү үчүн Кененсарынын башын сизге жибердим... 10-сентябрь, 1848-ж”.

      Жазылган каттан көрүнүп тургандай, экинчи согушта Ормон хандын аскерин көргөндө эле казак аскери качып, Ормондун аскери согушка жана качкан казак аскерлерин кубалоого да катышкан эмес. Ормон хан өзү колго түшкөн казак ханы Кененсарынын мындан аркы тагдырына кызыкпастан, өз аскерин алып тез эле кетип калган. Ал эми согуштун аягын жыйынтыктап, Кененсары менен Ноорузбайдын тагдырын Жантай чечкен. (А.Кызаев. “Жантай хан”. “Кыргыздар” VIII том, 2-басылышы Б., 2019. 125-126-беттер).

      Ошентип, Жантай өзүнүн жакын тууганы Кубат уулу Калыгулду Кененсарынын башын орус бийликтерине жеткирүү үчүн Омбуга (Омскиге) жиберет. Калыгул жолдогу эң чоң коркунучтарга карабай жашыруун түрдө Кененсарынын башын Омбуга жеткирет. Бул үчүн ал алтын медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган. Жогоруда белгиленген Жантайдын катынан кийин Орусия бийлиги тарабынан Жантай Карабек уулу Кененсары башында турган казак аскерлерин жеңгендиги жана кокондук кыпчактарга каршы баатырдык менен согушкандыгы үчүн алтын медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган. Кененсары, Ноорузбайды колго түшүрүүдөгү эрдиктери үчүн Калча менен Кожобек да алтын медаль менен сыйланган.

      Биз бул саптарды Кененсарыны кармап өлтүрүүгө түздөн-түз тиешеси бар жогоруда ысымдары аталган адамдар бүгүнкү Тоң жергесинде кыдык уруусунун ичинде жашап турушкан чечейлердин ата-бабасы болгондуктан атайы белгилеп жазып отурабыз. Себеби, жаш муундардын муну биле жүргөнү, ата-бабасынын эрдиги үчүн сыймыктанып жүрүүсү жакшы нерсе эмеспи.

      Кененсары, Ноорузбайга каршы согушта негизги оорчулукту Жангарач баштаган солтолор менен Жантай баштаган чүйлүк сарыбагыштар көтөрүп, душмандын үстүнөн жеңишти камсыз кылууда аларга саяк, саруу,кушчу урууларынан турган куралдуу топтор да жардам беришкен.

      Тарыхый маалыматтарга таянсак, бул согушка бугулар менен көлдүк саяктар катышкан эмес экен. Мунун айрым себептери бар, алардын негиздери:

      Биринчиси, Боромбай султан башчылык кылган көлдөгү уруулардын башчылары менен сарыбагыш төбөлдөрүнүн өз ара ыркы келишпөөчүлүгү.

      Экинчиси, башка аркалык кыргыздардын уруу башчыларына караганда (анын ичинде Ормон да бар) Боромбай султандын орус бийликтери менен жылуу мамилеси болгондуктан казактар Ысык-Көлгө тийише албайт деген ишеним бар эле.

      Үчүнчүсү, өз алдында саясат жүргүзүүнү көздөгөн Боромбай султан Кытай бийлиги менен да ымала түзүүгө умтулган. Бул аракеттин аркасы менен Боромбай султанга Кытай императору тарабынан алтын жалатылган шар жана тоос куштун канаты сайылган баш кийим тартууланган болчу. Бул административдик башкаруучунун даражасын билдирген белги болгон.

      Боромбайдын мындай аракеттери жана көлдүктөрдүн согушка толук катышпай койгону Ормондун ачуусун келтирип, Боромбай баштаган Мураталы, Балбай, Сарт аке, Самсалы, Алыбек жана башка көлдүк билермандарга карата кыжырлануусун күчөткөн. Кененсарынын биринчи чабуулунун мезгилинде запкыны сарыбагыштын тынай уругунан Калпактын айылы тартып, Төрөгелдинин айылы да чабуулга тушуккан. Солтолор менен кармашуулар жүргөн. Ошондон кийин Кененсары кайтып кеткен.

      1846-жылы жазында Кененсары кыргыз жерине кайрадан басып киргенде бугулар да Ормон хан менен бирге Чүйгө келип, салгылашууларга катышкан. Бул мезгил Кененсары менен болгон согуштун биринчи этабы болгон. Көлдүк баатырлардын Чүйгө кеткенинен пайдаланып, Текестеги калмактар кыргыз айылдарын чаап, малын олжолоп кетишкен. Бул тууралу кабар алгандан кийин бугунун колу көлгө кайтып кеткен. 1847-жылдагы Кененсары, Ноорузбай менен болгон чечүүчү согушка бугу баатырларынын кошууну ушул себептен катыша албай калышкан дешет. Бирок, бугулар Боом капчыгайынын ичинде казактын Эржан төрө баштаган колун талкалоого катышкан деп айтылып жүрөт.

      Санжырада Ормондон чакырык алгандан кийин (биз мурда белгилегендей Ормон өзү да согушка үч күн кечигип барган) Жанек башчылык кылган бапа-желдеңдин, Намазбек башчылык кылган кыдыктын, (жакын тууганы Кенейди өлтүрүп алып, анын айынан Канай согушка бара албай калган) Өмүр башчылык кылган арык-белектин колунан куралган кошуун Боом капчыгайынын кире беришиндеги Желаргы деген жерден өтүп барып, жайгашууга үлгүргөн. Бул кошуунду Балбай баатыр башкарып, келе жаткан казак аскерлеринин жолун тосуп калган экен. Алыбек баатыр менен Намазбек баатыр кеңешип туруп, Балбай баатырдын макулдугу менен кыдыктын жана алагөз-кабанын колун атайылап эле чегинтимиш болуп, капчыгайга алып киришет. Алагөз-кабанын жигиттерин Алыбек баатырдын ишенимдүү жигити алагөз Байдөбөт башкарып, кыдыктар менен бирге душманды алаксытып, “Кыз-Күйөөгө” чейин келип, душмандын алдын тоскон экен.

      Казак Эржан төрөнүн эки миң кишиден турган колу капчыгайга киргенде аларды кыргыздар курчоого алган экен. Казактардын артын Жангарач башчылык кылган солтонун Бөлөкбай уругунун жигиттери, астын Намазбек менен Байдөбөттүн жигиттери тосуп, бир капталдан Өмүр менен Жанектин жигиттери, Чүй суусу жактан экинчи капталдан Жантайдын тынай уруусунун жигиттери таш кулатып, төрт тарабынан тең аткылап жатып, Эржан төрөнүн колу жок кылынып, айрымдары туткунга алынган. Балбай баатыр топ жигиттин коштоосунда келип, Желаргыда турган Боромбай, Мураталы баш болгон билермандарга болгон окуяны баяндап, эртеси бугунун колу аяк-башын жыйнап, көлгө кайтып кетишкен экен.


                           КОКОНДУК ЧЕПТЕРДИ ТАЛКАЛОО                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыргыз тарыхындагы калмак чапкынынан кийин XVIII кылымдан бери келаткан кыргыз урууларынын өз ара келишпеген бытырандылыгы алардын биригүүсүнө мүмкүндүк берген эмес. Мына ушунун кесепетинен коңшу турган мамлекеттер кыргыздарга ыдык көрсөтүп, аларга күнкор абалда мамиле кылууга аракет кылышкан. Кытайлык Цинь империясы калмактардын Жунгар мамлекетин талкалагандан кийин эми, кыргыздарды таасирине каратуу үчүн жылма, арамза саясатын жүргүзгөн. Кокон хандыгы да кыргыздарга өз бийлигин орнотууну көздөгөн. 1825-жылы алар Чүй өрөөнүн басып алышкан. Ошол эле маалда кокондуктар Боромбай султандын ээлигиндеги урууларга багынып берүү тууралу элчилерди жиберишкен. Бул талаптарга Боромбай султан моюн сунган эмес жана аларды четке каккан. Мына ошондон кийин 1831-жылы Ляшкер Кушбегинин башчылыгы менен Кокон аскерлери Ысык-Көлдү айланып басып кирген. Бул жерлерде бийлигин бекемдөө максатында чептерди курушкан. Мындай чептер Коңур-Өлөңдө, Жер-үйдө, Жыргалаңда, Тамгада. Барскондо, Туура-Тамда жана Караколдо курулуп, аскердик гарнизондор иштеп, атайы “сарбаздар” коюлган. Жергиликтүү элге оор салыктар салынып, алым-жыйымдар чептерде топтолуп, андан кийин Коконго жөнөтүлүп турган 1840-жылы бугулар салык төлөбөй койгондугу үчүн Хаккули миңбашы Кокон аскерлерине кошуп, улуу жүз казагынан көп кол алып келип, Кеген аркылуу өтүп, көл башындагы айылдарды чаап кирет. Ошондо салбырында жүргөн Балбай, Өмүр, Ногой, Ныша баатырлар бул тууралу кабар алгандан кийин, ар кимиси өз айылдарынан кол курап, кошуун түзүп келишип, Хаккулинин аскерлерин Жыргалаң суусунун боюнда каршы алышат. Ушул жерде катуу салгылашуу болуп, Кокон аскерлеринин таш-талканы чыгып, Хаккули миңбашы жеңилүүгө учурап, анын башы алынат. Балбай баштаган баатырлар Каракол чебин алып, аны талкалашкан.

      Уруусу желдең бир мергенчинин жалгыз кызын кокондуктар салыктын ордуна алып кеткенде мергенчи салык жыйноочуларга каршылык көрсөтүп, кол көтөргөн экен. Кокондук сарбаздар мергенчини кармап, Барскон чебине камап коюшуптур. Буга чыдабаган жергиликтүү эл куралданып, чепти курчап алып, Жанек Кодор уулуна кабар жиберишет. Желдеңдин Жанек, Берикбай баатырлары бапа-желдеңден кол курап, Барскон чебин курчоого алганда, эч каршылык көрсөтпөстөн чепти таштап чыга беришкен экен. Жанек баатырдын буйругу менен чепти бузуп, урандыга айландырып салышыптыр.

      Каракол чеби кулап, Барскон курчоого алынып жаткан мезгилде Жети-Өгүздүн Сүттүү-Булагында турган Койсойбос уулу Канай баатыр Кайыңды чөлкөмүндөгү Ормотой уулу Намазбек баатыр кыдыктан кол топтоп жардамга келишет. “Барсконду алууга би здин эле күчүбүз жетет, силер күн өткөрбөй Тоң тарапка баргыла” деген Жанек. Берикбайлардын кеңеши менен кыдык-саяктын колу Тоңдогу Жер-Үй, Коңур-Өлөң чептерин талкалап, каршылык кылган сарбаздарды жок кылып, калгандарын туткундап, курал-жарактарын тартып алышкан. мына ушундан кийин эл арасында:

      --Каары катуу Канайга,
      кимдер чыдап тура алат,.
      Төбөсүн кандап, баш кесип,
      коконду келет кубалап.
      Намазбек баатыр киргенде,
      далай эрлер кулаган.
      Коркконуна чыдабай,
      кокондун чеби кулаган,--деген сөздөр калган.


                           БУГУ- САРЫБАГЫШ СОГУШУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Башаты тээ XVIII кылымда Маматкул менен Белектин пикир келишестиктеринен жана кармашууларынан пайда болгон сарыбагыш менен бугунун кармашуусу, алардан кийин да көп жылдар өткөнүнө карабастан, Уруу төбөлдөрүнүн куру намыска алдырган тирешүүлөрү менен улам курчуп отуруп, эки уруунун ортосундагы ынтымакка терең жарака кетирди. Бул жарака мезгил өткөн сайын улам тереңдеп, кеңейип отуруп, XIX кылымдын ортосундагы бугу менен сарыбагыштын кан төгүлгөн чабышына алып келди.

      Сарыбагыш феодал-төбөлдөрү башынан тынч жүрбөгөн, чыр-чатакка жакын жана өкүм болгондуктан, өз таасири менен үстөмдүгүн башка урууларга орнотуу максатында дайыма кагылышуулардын чордонунда болуп, ары-бери орун которуп, көчүп-конуп жүрүшкөн. Бул туурлуу санжырада да, тарыхта да көп айтылат.

      Ормон өзүн хан деп эсептегени менен анын хандык бийлиги чыныгы реалдуу бийлик даражасына өсүп жеткен эмес. Кыргыз урууларын бириктирип, мамлекет түзүү, анын чек араларын аныктоо тууралу ой-максаттары болгон менен алар ишке ашпай калган, ишке ашпайт да болчу. Себеби, Ормондун мамлекет түзүү үчүн дарамети да, күчү да, мүмкүнчүлүгү да жок эле. Ормон хандын карамагында Ысык-Көлдүн айрым чөлкөмдөрүн, Нарын бетиндеги айрым жерлерди жана Кочкорду ээлеп турган сарыбагыштар гана болуп, Чүйдөгү тынай сарыбагыштары, солтолор, Кетмен-Төбөдөгү, Жумгалдагы, Ак-Талаадагы жана Тогуз-Тородогу саяктар Ормондун хандык бийлигин формалдуу түрдө гана таанып, чындыгында өздөрүнүн манаптарынын бийлигине баш ийип турушкан. Черик, коңурат, басыз жана башка уруулар, Таластагы саруу, кушчу, кытай, мундуз уруулары да Ормондун бийлигин тааныган эмес. Ал эми он миң түтүндөн ашык бугулардын, көлдүк саяктардын жана башка уруулардын башчысы болгон Боромбай султан жыл өткөн сайын Ормондун бийлигин тааныбастан, ал тургай куда болгондугуна карабастан (Ормондун кызы Куланды Боромбайдын уулу Өмүрзак алган) аны менен жоолаша баштаган. Кетиркей уулу Алыбектин Ормон хан тарабынан болгон кодулоо, опузаларга чыдабастан, алагөз-кабаны көчүрүп, бугуларга кошулуп кетиши да Ормонхандын позициясын начарлаткан.

      XIX кылымдын 40-жылдарынын аягы – 50-жылдардын баш ченинде өзүн аркалык кыргыздардын төбөлү эс ептеген Ормондун хандык бийлиги ушундай абалда эле. мына ушундан кийин Ормон хан өз абалы чыңдоо аракетин көрүп, аны ишке ашырууну кыргыз жергесинде эмес, коңшу казак жергесинде баштоону чечти. 1851-жылы кышында ал өзүнө караштуу 600 түтүн сарыбагыш уруусун ээрчитип, Ысык-Көлдүн түндүк жагындагы ашууну кыйынчылык менен ашып, Иле дарыясынын сол жээгине көчүп келди. Мунун себебин Б.Солтоноев мындай деп түшүндүрөт:--“Кененсары жеңилгенден кийин Балбай баатыр Иле, Кулжа, Турпанга чейинки казак, кыргыз, калмактар жылкысын тийип, эр өлтүрүп, элдин тынчын алган. Казактар буга жооп кылып, бугулар гана эмес, сары-багыштар менен да жоолаша башташкан.

      Ошондуктан, Ормон казакты тынчытып, алардын аракеттерин басамын деп Илеге көчкөн. (Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 2-китеп, Б. 1993-ж. 14-15-беттер.)

      Бирок, тактап айтсак, Ормондун Илеге көчүп келишинин максаты Балбайга байланыштуу эмес. Бул жөн эле шылтоо болгон. Чындыгында Ормондун көчүп келүүсүнүн максаты башкада, кыргыз урууларынын ароасында таасирин жогото баштаган Ормон орус бийлигинен колдоо издеп, жаңы жерлерди ээлеп, казактарды тынчытып, ушул жерге кыргызды жайгаштырып, ошол аркылуу өз аброюн көтөрүү, андан кийин аркалык кыргыздарды бириктирип, мамлекет түзүү эле. Бул Ормондун өзүнчө хандык түзүүдөгү акыркы аракеттеринин бири болгон.

      Казактар Ормонго элчи жиберип, жерибизди бошотуп берсин деген талапты коюшту. Бирок Ормон элчилерди жоопсуз узатат. “Ормон опузага” чыдабаган казактар ага ар тараптан кысым көрсөтүп, анын малына кол салып, жылкы, төөлөрүн айдап кетип турду. Айтылуу Тезек төрө да Атамкул баатырын жиберип:-“ Ормон көчүп кетсин, болбосо Кене хандын кунун алам” –деген талапты койду. Казактар орус букаралыгында тургандыгына байланыштуу Орусиянын тышкы иштер министрлиги Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г.Х. Гасфордго кат жолдогон. Бул катта “... Ормон Ниязбек уулунун орус өкмөтү менен алдын-ала макулдашпай туруп, Иленин аркы жээгиндеги жерлерди ээлеп алгандыгы ээнбаштык”—деп эсептелет Ошол эле Г.Х. Гасфорд 1853-жылы жайында “ Бугулардын манабы Боромбай Ормонго караганда маанилүү экендигин белгилеп, анткени Боромбай кара-кыргыздардын манаптарынын ичинен эң күчтүүсү, 15 миң түтүнгө ээ, ал эми сарыбагыштар 6 миңден ашпайт. Ормондун өзүнүкү болсо 2 миң түтүн гана анын үстүнө бугулардын жери аркылуу Кашкарга кербен жолу өтөт” деген көрсөтмө берген. (Кыргыздар. 7-том.2-бас,. Б., 2019. 470-бет).

      “Иленин башын ээлеп, жаңы жерлерди алып, ээлигимди кеңейтем”—деген Ормондун тилеги ишке ашпай, экинчи жыл жайлагандан кийин кайра көчүп кетүүгө аргасыз болду. Бул жолу көчүн мурдатан бери эңсеп жүргөн Ысык-Көлгө багыттады. Көптөн бери ойло жүргөн ою, тилеген тилеги Ысык-Көлдү ээлөө эле.

      “Мелмилдеген Ысык-Көл,
      менин жерим болсочу.
      Күңгөй-тескей айланып,
      сарыбагышым консочу”,

      -- деп эки тизесин мыжып арман кылаар эле. Ормон айрыкча көлдүн күңгөйүнө, Сөгөттүдөн тартып, Сан-Ташка чейинки жерлерге көз арткан. Ал жерлерде саяктын бир катар майда уруктары жайланышып турган эле. Булар айтылуу жалдуу Кабанын Шыкмамат деген уулунун балдарынан тараган Бокотой, Барак, Бакачы, Акылбек, Чиркей, Аңылдак жана көптөгөн тукумдары эле. Буларды жалпы жонунан “кара саяк” аталган Нурдөөлөт Жоруп уулу башкарып, бугу ичинде Боромбай султандын бийлигин таанып, анын ураанын талашып, камчысын чаап турган.

      Эми, мына ушул көлдү ээлеп, жөөлөп барып, баса жатууну максат кылып, кышкы суукка, калың карга карабай Ормон ак кар көк муз баскан бийик ашууну ашып, Көк-Ойрокко түшүп, андан Чоң-Ак-Сууну ашып, Кичи-Ак-Суудагы Кырчынга келип жетти. Кыш экенине карабастан карагай кыйдырып, жер түзөттүрүп, кашаа карматып, өргөөлөрдү көтөртүп, “Хан ордосун” курду. Кичи-Ак-Суунун ичиндеги саяктарды тоо этектети көчүрүп, кыш күрөөдө убарага салды. Элге да, малга да кыйын болуп, “кызыл тебетейдин” зордугуна көнүүгө аргасыз болушту. Ормондун бул кылыгы бугунун баатырларына, айрыкча Балбай менен Нурдөөлөткө жаккан жок, аларда Ормонго карата жек көрүү сезими күч алды. Айрыкча, Балбайда бул сезим өтө күчтүү эле. Бул жек көрүү жөн жеринен эле пайда болгон эмес. Анда эмесе, анын айрым жагдайларына токтололу.

      Эшкожо уулу Балбай жана анын эрдиктери тууралу санжырада кеңири айтылат. Күндөрдүн биринде Балбайдын тоодогу жылкыларын белгисиз бирөөлөр айдап кетишет. Жылкысын издеп, из кууп жүрүп Балбай курманкожо-кулжыгач элинин колуна түшүп калат. Ушул жерде Балбайдын бир кулагы кесилип, аны сегиз ай туткунда кармашат. Балбайды издеп келген киши болбогондуктан, ким кун дооламак эле, өлтүрүп эле салалы дешкенде Медет датканын уулу Дуулат-“Мен бул чулдур менен сүйлөшкүм да келбейт, өлтүрсөңөр Ормонго айтып туруп өлтүргүлө Антпесеңер кутулбас кунга каласыңар”,-дейт. Ошондон кийин саяктар туткунду Ормон ханга жеткирип беришет. Көктөн тилегени жерден табылган Ормон терең ор каздырып, ордун үстүнө күн көрүнбөсүн деп алачык тиктирип, Балбайды орго салдырат. Балбай колу-буту кишенделип, сакал-муруту өсүп, чачы саксайып, тырмактары мүйүз болуп, сасып-ирип 6 ай бою ошол ордо жатат. Ормондон көргөн кордук көкөйүнөн кетпей, Балбайдын ичинде кетпес кек калган экен. Ордо жатып, ден соолугу начарлап, оорукчан болгон дешет.

      Балбайдын туткундан бошотулгандыгы жөнүндө санжырада ар түрдүү айтылып жүрөт. Биринде: -“баатырдын жогу билинди, эл-журтка керек экен, душманга сүр экен, эптеп чыгарып алалы”-деп Боромбай кырк күлүк, миң жылкы айдатып, элчи жиберип жатып бошотуп алган”-деп айтылса, экинчи бир вариантта айтылуу Сарт акени жиберип, көп мал тартуулап алып келгени айтылат. Чындыгына келсек, Балбайдын оорукчан болуп калганын билгенден кийин Ормон өзү Бирназар бийдин тукумдарынан болгон Сырдыбайга киши жиберип, “Эптеп ырымын кылып Балбайды алып кеткиле” деп кабар кылган. Ошондо бул кабарды уккан Сырдыбай-“Өзүм барып Балбайды алып келсем, бизге билдирбей өзүң билип барасың деп Боромбай менен Муратаалыга жаман көрүнүп калам го деп” -Сырдыбай макулдашып туруп, кыдык жакшылык уругунан Чыңгыш деген кишини жиберген. Анткени, Чыңгыш үй-бүлөсү менен Ормон менен катышып, алыш-бериш кылып жакшы мамиледе жүргөн киши экен. Кезегинде Чыңгыш жакшылык уругунун бийи болуп тургандыгын орус окумуштуусу В.Радлов өзүнүн отчетунда белгилеп кеткен.

      Ормон хан оюн-чындан тамашага чалып, Чыңгышты “ит жээр” деп койчу экен. Анын себеби мындай: Бир жолу Чынгыш мергенчилерин топтоп салбырынга чыгып баратып Ормондун тайганын сурап кетет. Арадан күндөр өтүп, ар кандай шылтоолор менен тайган ээсине берилбей бара-бара унуткарылып кетиптир. Ошондон улам Ормон бир жолкуда.-” Ээ Чыңгыш, тайганымды атылган кайберенге кошуп жеп алдыңбы, ой ит жээрим ай!”-деп койгон экен. Сырдыбайдын акылы менен Бугунун айрым аксакал-көксакалдары Чыңгышка келип, Ормондун талабын айтышканда Чыңгыш күлүк кара атын жетелеп алып, таң агарып калган убакта Ормондукуна өзү эле жалгыз келиптир. Үйдөгүлөрдөн эч кимиси тура элек болгондуктан Чыңгыш күлүктү Ормондун мамысына байлап коюп, окчунураак бастырып кетиптир. Мамыга Ормондун өзүнүн эле аты байланып, башкалардыкы байланчу эмес экен. Ормондун жигиттеринин бири мамыдагы атты көрүп, “мамыңызга бирөө атын байлап коюптур, эмне кылалы, ханым” деп айтканда, кийинип сыртка чыккан Ормон -болду, болбоду баягы “ит жээр” алып келчүсүн алып келип байлап койгон го- деп атка жакын келип, күлүктүн сын-сыпатын көрүп, “Ой тобоо, малдан да ушундай керемет жаралат экен ээ”-деп баш чайкап аябай таң калып турганда Чыңгыш бастырып келип салам айтып, аттан түшүптүр. Ормон аны жылуу тосуп алып, бир күн өргүтүп, жакшылап сый конок кылат. Бул арада Балбайды ордон чыгарып, сакал-мурутун, чач,тырмактарын алып, жуунтуп-тазалап, бир сыйра жаңы кийим кийгизип коюшкан экен. Балбайды дасторкон четинде отурган Чыңгыштын үстүнө алып киришти. Алар кучакташып көрүшкөндөн кийин Ормон: ”устанын эмгегин бер, ошончо убакыттан бери салынып турган чидердин акыбетин алсын”-дейт.

      --Устаңдын эмгегин канчага баалайсың деп Чыңгыш суроо узатканда, устанын эмгеги 7 байталга бааланыптыр. Ошондо Чыңгыш 7 байталдын баасына жетээрлик күмүш жамбы берип, Балбайды алып чыгат.

      Балбайдын бошотулушу тууралу Белек Солтоноев мындай деп жазат: -“Балбай баатыр сарыбагыш менен саяктын жылкысын тийип алып турганда, бир тараптан казак менен чатакташып турганы үчүн Балбайды кармап алып, Ормон бир-эки жыл орго салып койгон. “Балбайды бошотуңуз” деп бир нече мертем киши келсе болбостон, акыры Ормондун кыдык уругу бугунун ичиндеги бир тамыры Чыңгыш күлүк кара ат жетелеп келгенде Ормон Балбайды чыгармакчы болуп андан: --“Чунагым, атка чапсаң ченеп чабаарсың, эми тынч жүрөсүңбү?”-дегенде Балбай: -“Эл тынч жүрсө мен да тынч жүрөрмүн, эгерде эл тынч жүрбөсө алдын тороп чаап жүрөрмүн”-деген. Ормон Балбайга бир сыйра кийим берип, жөнөтүп жиберген”. (Б.Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы”. 2-китеп. Б,. 1993. 199-бет).

      Балбай менен Чыңгыш кеткенден кийин Ормондун байбичеси кыраакы зайып экен:.-“Чунак кулактын колдоочусу Көк жал дөбөт турбайбы. Сеники канчык. Дөбөт дөбөттүгүн кылат, босогоңду кычырата басып чыгып кетти. Ичинде кек сактап кетти, акыры түбү сени оң кылбайт го”—дегенде:,--“Катындын чачы узун, акылы кыска, сен эмнени билесиң. Жүрөгү өлүп калды, экинчи баш көтөрбөйт”—деп аялын кагып койгон экен Ормон. Ормондон кордук көрүп, андан көңүлү биротоло калган Балбайдын жек көрүүсү күчөп, кеги кайнап, жүрөгү муз менен таш болуп карарган экен.

      Чыңгыш демекчи, эл биле жүрсүн деген таризде ал кишинин ата-тегине жана урпактарына токтоло кетүүнү туура көрдүм. Чыңгыш атабыз өз доорунда бугунун сыймыгы болгон Балбай баатырды Ормондун туткунунан бошотуп келүү менен тең туугандык эле милдетин аткарбастан, жалпы бугу эли үчүн да чоң эмгек кылгандыгын көрөбүз. Кийинки окуялардын өнүгүшү, бугу-сарыбагыш чабышында эл-жер деп күйгөн Балбай менен анын баатыр жигиттеринин баскынчы чапкынчыларга каршы каруусун казык, колун токмок кылып. жан аябай кармашканына тарых күбө болуп турат. Эгер Балбай туткундалган боюнча Ормондун орунда жата берсе эмне болмок, ким билет.

      Кыдык бабабыздын экинчи уулу Жакшылыктын үч уулунун бири–Азарбек. Азарбектин беш уулунун бири – Агыш, андан Байбек. Байбектен Ыман, андан Чыңгыш менен Шыгай. Намазбек баатырдын көздөй жигиттеринин бири болуп, кыдык эле эмес, жалпы бугунун кыйырында жүрүп, эрдик көрсөткөндүгү үчүн Чыңгыш баатыр аталган. Баатырдын Кулбай деген уулунан Саке, Бозумбай жана Акматбек деген ууллдары болуп, алардан тараган урпактар азыркы мезгилде Төрт-Күлдүн Кара-Суу айылында жана Бөкөнбаев айылында жашоо-тиричилик кечирип жатышат.

      Туткундан бошогондон кийин Балбай баатыр жигиттерин алып, Хан-Теңирге чейин барып, тайган агытып, куш салып, Иле боюнан жолборс чаап, көргөн запкысынан арылып, көңүлү көтөрүлүп, капасын жазып, бугун таратат. Кадимкисиндей болуп эл четинде, жоо бетинде турат.

      Күндөрдүн биринде Кичи-Ак-Суунун Желе-Карагайындагы Ормондун айылында Ормон менен Боромбайдын жигиттери сарыбагыш, бугу болуп ордо атышат. Сака калчашканда эки саканын экөө тең бир калчаганда таа конуп, экинчи калчаганда алчы конуп туруп алыптыр. Ошондо Калыгул:,--“Сакаңар тирешип калды, ойнобой эле койгулачы”, --десе Ормон:-”Тирешип калгыдай жаны бар бекен, кайталап калчагыла”.—деп коюптур.Кайра калчаганда сакалардын экөө тең бөк түшүп, кайра кайталап калчаганда экөө тең чик түшүптүр. Мунун жаман жышаан экенин сезген Калыгул олуя:,--“Ордоңордун башы чаң, аягы кан менен бүтчүдөй болуп калды. Оюндан от чыкпасын. Акылыңарга келсеңерчи”.—деп дагы бир жолу эскерткен экен. Эки күн катары менен ордо атылып, бугулар утушка ээ болуп, бирок, байгеге сайылган тогуз бээни берүүдөн Ормон баш тартты. Эки ортодо чыр чыкты. Мына ошентип. “байгеси менен да, ордосу менен да жерге кирсинчи” деп бугулар таарынып кетишкен экен.

      Ормон тынч тура албай, казакка алдырган малынын ордун толтуруу үчүн бугунун жылкысын тийип алып турду. Ошондой күндөрдүн биринде бугунун Кылыч баштаган жигиттери Калыгул олуяныкына келишти. Салам-алик айтылып, дасторкон четинде отурган кезде:,-“Олуям, тууганыңыз Ормон жылкы тийгенин токтотсун. Биз анын “кызыл тебетейлигин” сыйлап, унчукпай койсок, улам күчөп баратат. Токтотпосо бизде да ар-намыс бар. “кызыл тебетейлигине” карабай жылкысын тийип алып, эсине келтиребиз. Ушул оюбузду жеткирип, Ормонду теске салып коёр бекен деп атайын сизге келип отурабыз”,- деп Кылыч келгендеги максатын билдирди.

      “Эми балдар барайын. Барып силердин талабыңарды айтып келейин. Ормон хан болсо да пенде эмеспи, эпке көнөөр. Силер мени күтө тургула, жообун угуп кетээрсиңер”, --деп Калыгул Ормонго аттанды.

      Калыгул Ормондукунда отуруп, бая келген бугулардын талабын айтып:

      --Бириң кыйык болсоң бириң сылык бол дейт. Бири-бириңди түшүнүп жашоо кечирбесеңер, тирешкенден пайда жок, кыркылышып кетмек белеңер. Бугу боор этим, сарыбагыштар жүрөк толтом. Бир бармагымды тиштесем бир бармагым ооруйт. Текеберлик кылба, Ормон. Тууганга сыртыңды салып, кыр көрсөтпө. Канткен күндө да түбүбүз, сийдигибиз бир эмеспи, бугунун жылкысына тийгениңди токтот. -деген экен. Муну уккан Ормон адатынча опурулуп коё берет:

      --Олуя, олуя десе эле оңкобаш атып кетет экенсиз. Кудай шыбагамды бугудан буюруп койсо эмне кылайын. Алганым алган, чапканым чапкан. Ушинтип айтып барыңыз туугандарыңызга. Ормондун ачуу сөзүн уккан Калыгул олуя сабыр тутуп, өзүн кармап, мынча болду дагы айтып калайын дедиби. көптөн бери көкүрөгүн өйүп келаткан оюн ортого салды:

      --“Ээ, Ормон! Опурулбай угуп тур! Кыштын кыраан чилдесинде элиңди кыйнап, Иледен көчүп келдиң. Келгенде да Кочкорго барбай, көлгө келдиң. Эми, бул кылыгыңды бугу тууганың кандай кабыл алат, алар эмне дешет болду экен? Ормон көнүмүш дооматын тагып жооп берди:

      --Кандай кабыл алмак эле, мага көзү түз эмес алардын. Кененсары менен болгон кармашта элдин артында келди бугу. Муну кантип эстен чыгарып коёюн. Качкын Алыбекти мага кайтарып бербей шагымды сындырды бугу. Бир короо коюмду суроо-сопкутсуз күчала деп жеп алып, калганын айдап кетти бугу. Беш жылдан бери ыпым салык төлөбөйт, хан салыгы дегенди унутуп өзүн-өзү билип кирди бугу. Тегерекке чыгарган жылкымдан айтылуу Бозкисе бээмди Алыбекке уурдатып алды бугу. Мына ушулардан кийин кол куушуруп отурайынбы? Мен бугуну чаап, Ысык-Көлдөн сүрүп, Текеске чыгарам аларды.

      --Эй Ормонум, Арыстан болуп күрүлдөбөй, алды-артыңды ойлогун. Кол алдыңдан Алыбек баатыр кетти, жөн кетпей таарынып кетти. Алыбектин кеткени—биримдиктин кеткени. Алыбектин бугу болуп кеткени, сенин ажалыңдын жеткени,--деди олуя.

      --Эмне деп турасыз жарыктык? Мен ал “сары саяктын” түбүнө жетем, карматып келип башын кесем,--деп опурулду. Ормондон көңүлү калып, шаабайы сууп кайтып келди Калыгул. Кылыч баштаган бугунун жигиттери:

      --Болбостур, Ормондун өз убалы өзүнө. Биз ага кол куушуруп, баш ийип туралбайбыз,--деп кайтып кетишти.

      Ормонго таарынган Калыгул бир бээ союп, ажырашаяк берип, Челекке айылын көчүрүп кетти. Чакырылган сарыбагыш, бугу, саяктан келгендерге:

      --“Ормон опузасын” карматып, калкты орго түртмөк болду окшойт. Ага теңелбей, ачууга жеңдирбей токтоолук кылсаңар алаамат боло койбос. Бир колуңдун ачуусун экинчи колуң менен бас. Бир көзүң көргөндү экинчи көзүң көрбөсүн дейт. Калайык калкты кызыл кыргын, кара сүргүнгө салбагыла. Бир тараптан орус, экинчи тараптан Кытай, ал аз келгенсип Кокон ыкыс берип турганда ынтымакта болгула, өткөн- кеткен өктөөнү сууга салгыла. Ормон иттик кылса, силер эрдик кылгыла. Айтаарым ушул,--деп Калыгул ажырашаякка келгендер менен коштошуп. көч сапарын Челекти көздөй багыттады.Бул көчүү 1853-жылы болгон эле. Ошентип, Калыгул Ормон менен экинчи жүздөшпөптүр. Кийин Ормон бугунун колунан өлгөндө гана туугандыкты жогору коюп, көз көрсөтүп келген экен.

      Элдин тарыхындагы кайгылуу окуя болгон бугу-сарыбагыш чабышы кан төгүлгөн кармашуулар менен эки уруу элдин ортосундагы айрым жылкы тийип кетүүлөр, барымтага алуулар жана башка аракеттерди кошо эсептегенде дээрлик он жылга жакын созулуп, 1854-1863-жылдарды кучагына алат.

      Эми, бул чабыштын чыгып кетүү себептерине токтолсок, биз буга чейин баяндап келген окуялар—Ормондун Иледен көчүп келип Кичи-Ак-Сууга жөөлөп келип конуш алышы, 1854-жылы эрте жазда ордо оюнунан чыккан чатак, Ормондун ишенимдүү адамдарынын бири Кетиркей уулу Алыбек баатырдын бугуга өтүп кетиши жана башка окуялар булардын баары жөн эле шылтоолор болгон.

      Бугу-сарыбагыш чабышынын себебин саясий өңүттө кароо керек. Ормон хан башынан эле өзүнүн хандык бийликке умтулуусун күчөтүп келгендиги маалым. Бугулардын манабы Боромбай султанды кудасы экендигине карабай, баш ийбегендиги үчүн атаандаш душманы катары эсептеген. Ошондуктан Ормон Боромбайдын ээлигиндеги аймактарды өзүнө каратып алууну көздөп, Кокон бийлигинин тымызын да, ачык да колдоосу менен Ысык-Көлдүн түштүк жээгин, Тескей Ала-Тоосун, Сыртты, айрыкча Боромбай султандын ордосу турган Жуукуну тартып алууну максат кылган. Андан ары бугуну көл башынан сүрүп, Текеске чыгарып салууну ойлогон.

      Тарыхчылардын изилдөөлөрүнө караганда, бугу-сарыбагыш чабышынын себептери саясий атаандашуу болгон. Бул жерде эки карама-каршы аракеттердин тирешүүсүн байкоого болот. Биринчиси, Ормон хандын бийлигин бекемдөөгө болгон аракеттери, экинчиси, Боромбайдын Орусия бийликтери менен жакындашуу аракеттери. Ушул эки аракеттин, башкача айтканда Ормон хан менен Боромбайдын саясий тирешүүсү бугу-сарыбагыш чабышынын негизги себеби болгон.

      Ормон хан Кокондон курал-жарак алып, бугуга каршы жортуулга даярданып жатты. Ар бири 500 атчандан турган Адылдын, Байботонун, Чаргындын, Байсеркенин, Абыкандын жана Сазанын колдорунан куралган куралдуу жалпы саны 3 миң кишиден турган кошуун түздү. Кошуунду Ормон өзү башкармак болду. Ал учурда Үмөталы Ат-Башыда, ал эми Төрөгелди болсо Бишкектин төмөн жагында чеп-коргондо жаткан экен.

      Боромбай эки уруу кагылышып, чабыш чыгып, бекер кан төгүлбөсүн, түбү бир Кылжырдын тукумубуз, куда-сөөк болуп турабыз деген таризде Мураталы бий баштаган элчилерди Ормонго жиберди. Ормон болсо, бугу көлдү бошотуп, Текеске көчүп кетсин деген талапты койду да, эки күндүк мөөнөт берди. Эки күн өтүп, Ормон чатакты баштамак болду. Ал Субан уулу Адыл баатырга:-“Бүгүндөн калбай Балбайдын жылкысын тийип алып, чыр чыгарсын”- деп киши чаптырды. Адыл бир топ жигит менен барып, Балбайдын жылкысын тийип, 6 үй-бүлө бугуну чаап кетет. Балбай сарыбагыштардын артынан түшүп, чабыш болуп, Адылдын жигиттери бир топ жоготууга учурайт.

      Бир кепти айта кетүү керек, Боромбай ар дайым бугунун баатырлары менен сыймыктанып, алардын эрдиктерин жогору баалап, аларды сыйлап жүрүп өткөн экен. Өмүр, Жанек, Койкелди, Намазбек, Молдо Кылыч, Мырза, Ашырбай, Канай, Кыдыралы, Жунуш, Нурдөөлөт сыяктуу бугунун баатырлары нечен айкаштарда эрдик менен айырмаланып турушкан. Бугу-сарыбагыш согушунда да буларга оор милдет жүктөлүп, алар бул милдетти абийирдүүлүк менен, ар-намыс менен аткарышкан.

      Адылдын жоготууларына ачуусу келген Ормон бугуну четинен чаап, Өрүктүдөгү такабайлардын үйлөрүн кыйратып, мал-жанын калтырбай айдап кетти. Бирок, мезгил кыш-күрөө, күн суук, кар калың болгондуктан андан ары бара албай, Кырчынга чыгып кетти. Ормондун бул чапкыны 1853—1854-жылдар тогошкон мезгилде болгон. Мына ушундан кийин Балбай баатыр бугунун баатырлары менен кошуун жыйып, сактанып камдуу турду.

      Сарыбагыш менен бугунун чоң салгылашы 1854-жылы жай капортосунда болуп өткөн. Бул согушка эки тараптан алты миң киши катышкан экен. Ормондун кошунуна каршы туруп Ашырбай менен Нурдөөлөттүн колу Кудургунун капчыгайында, Жунуштун жигиттери Күрмөнтүнүн бадалдуу токоюнда, Кыдыралынын колу Сары-Булактын коктусунда буктурмада турушкан. Кылычтын жигиттери Шатынын коктусунда, Өмүр жигиттери менен Кара-Баткак деген саздын жанында далдоодо жайгашкан экен. Ормондун колу келе турган жолду Күңгөйдүн тоо этектеринен тартып, көлдүн жээгине чейин бир кылка болуп, Алыбектин, Койкелдинин, Намазбектин. Молдонун, Мырзанын жана Жанектин жигиттеринен турган кол тирелип, тосуп турду. Кошунду жалпысынан Балбай баатыр башкарып, Боромбай султан баш болгон Муратаалы, Сарт аке, Тилекмат. Самсалы, Солтонкул, Чоң карач сыяктуу бугунун билермандары чогуусу менен бир бул жерде, бир тиги жерде болушуп, жигиттерге дем-күч берип, ат жалында жүрүштү.

      Ормон керней-сурнай тарттырып, сарыбагыштын кошууну кирип келди. Эки тарап тирешип, Балбай баатыр чаап келип, сарыбагыштын туу кармаган жигитин ыргыта коюп, тууну жыгып кайра тартат. Эки тарап бет алышып сайышып, кылычташып салгылаш башталган экен. Бугулар чегинип качууга аргасыз болот. Ормон өзү баштап майданга кирет. Өңүттө жаткан Балбайдын жигиттери “качыралыкпы?” деп чыдамы кетип турушканда Балбай:

      --Сабыр кылып, саал ашыкпай тургула. Обору ачылган Ормон олжого бата түшсүн, колу байлансын. Делөөрүп, кызып дагы тереңдеп илгерилеп барсын,-дейт. Бир аздан кийин Балбайдын буйругу менен анын көздөй жигиттеринин бири кудайбакты Козбала уулу Ботокан элүүдөй жигит алып, Ормондун алдынан тосуп чыгып, нары-бери чапкылап сес көрсөтүмүш болуп, атайылап алдына түшүп качып берди. Чабуулга кирип шерденип калган Ормон эч нерсени байкабай чегинип бара жаткан Ботокандын жигиттеринин артынан сая түштү. Бугулар атайылап эле Ормонду жүздөй жигити менен Күрмөнтүнү карай өткөрүп жиберишти. Адылдын, Сазанын, Байсеркенин, Абыкандын кошуундарын ар кайсы жерде буктурмада жашынып турган бугунун жигиттери тосуп алып, кармаш айрыкча катуу жүрдү. Ар кайсы кокту-колоттордон суурулуп чыккан бугулар туш тараптан каптап, Кара-Баткактын сазына камап киришти. Мындайды күтпөгөн Ормон кайры тартып, негизги күчтөрүнө кошулмак болду, бирок кеч болуп калган эле. Ормондун колу такоор бере албай курчоодо калып, Түптүн Кара-Баткагындагы сазга тыгылып, биринин артынан бири колго түшө баштады.

      Бул учурда Ормон тегеректеген атчандары менен Ишим-Атадагы жолдун үстүндөгү Чоң-Дөбөгө келип отурган экен. Миңге чукул бугу менен көлдүк саяк Ормондун жолун бууп тосуп калган экен. Мына ушул жерде Ормон колго түшүп калат. Бул тууралу санжырачылар ар түрдүү маалыматтарды беришет. Биринде, Ормондун аты баспай калган десе, дагы биринде ат суурдун ийнине бутун салып алып, Ормон аттан жыгылган экен деп айтылат. Дагы биринде Кылыч жаза сайып калып, Ормон ат үстүнөн ала салып барып жыгылды деп айтылат.

      Алыбек баатыр эки жүздөй жигит менен Ормон отурган жерге чукулдап келип калган экен. Ал Кудургунун дөңүнө чыгып, иниси Атикке,-“Дүрбү салып тигилерди байкайлы. Каракелте менен болжоп атып көрөйүн. Арасында Ормон болсо каракелтенин огун тааныса анда ал качпайт. Ошондо курчап колго түшүрөбүз”-дейт. Окту тааныйт дегени Алыбек Ормондон кете электе экөөлөп ок куйган жайы бар экен. Алыбек аттан түшүп, шашпай каракелтени октоп, тиги отургандарды топ байлап атып жиберет экен. Ок Ормондун жанына түшүп, топурак чаңдай түшкөндө Ормон камчынын сабы менен окту чукуп алып:

      --Бул каракелтенин огу экен, кудай урган Торойкул атып жатат. Кана, аттангыла, курчоону жарып чыгып кетели,--дегенде жигиттер жапырт аттанып жөнөштү. Алыбектин жигиттери да качырып сала беришти. Ошондо Алыбек Кераттын оозун тартып, чаап бараткан Ормондун Өгүз тору деген тулпарынын колу талкалай атты. Өгүз тору жыгылганда төөнүн чуудасынан алты каттап эшип тагылган олоңу үзүлүп кетип, Ормон токулгасы менен шыпырылып аттан ажырап калды. Алыбек жигиттери менен, Өмүрзак, Мырза, Кылыч жана башкалар ордунан топурак чаңга аралашып тура калган Ормонду тегеректеп калышты.

      Ормондун башындагы кызыл тебетейин Кылыч ат үстүндө туруп жулуп алып: -”Өлтүрүп салсам болот эле, бирок дале өлүмгө кыйбай турам. Өкүмдү калыстар чыгарсын”--деп тебетейди Ормонго аңтара кийгизип, төбөсүнөн басып койгон экен.

      Ормон колго түшүп жатканда “Адыл баатыр Аксур ат менен элди качырып жарып чыгып, качып кутулган. Башка сарыбагыштан кутулганы бирин-серин болгон. Ормондун Сейилкан деген баласы тоого чыга качып кеткен. Ормондун жанында койчусу жана Көрөгөч деген тамакчысы калган”. (Б.Солтоноев. “Кызыл кыргыз тарыхы”. 2-китеп. Б,.1993. 20-бет).

      Ормондун колго түшкөнүн угуп, Боромбай чаап жете келип, кудасын атайын коштотуп келген атка мингизип айылына алып кетет. Ормонду Күрмөнтүнүн батыш тарабындагы дөбөнүн этегинде тигилген Өмүрзактын үйүнө жайгаштырышат. Мындан ары кандай кылабыз, Ормондун тагдырын кандай чечебиз деген максатта Боромбайдыкында масилет болот. Боромбай менен Тилекмат –“ Бир чети хан аты бар, экинчи чети куда сөөкпүз, тынч эле үйүнө жиберели” деген ойдо болушту. Алыбек бул ойго каршы чыгып, Ормонго өлүм эле керек деп кесе айтып турду. Булар минтип кеңешип жатышканда Кылыч Балбайды чакыртып, Ормондун колго түшүп калганын кабарлайт. Ошондо Балбай “Ормонду эмне кылуу керек” деп Кылычты Сарт акеге жөнөтөт. Сарт акеден “Ормон тирүү турганда бугу элинде күн жок, колуңдан келсе көзүн тазала. Хан башы менен баскынчылык кылып, элдин канын төктү. Ормонго өлүм эле керек, тындым кылып салгыла” деген жоопту алган соң Балбай атайын найзанын сабын сындырып даярдап алып, Өмүрзактын үйүнө келет. Дөбөдө кылкылдаган эл “Баатыр келатат, баатыр келатат” деп тең жарыла жол берет.

      Балбай баатыр кирип келгенде мунун аягы эмне менен бүтөөр экен деп жүрөкзаада болуп турган Ормон ордунан тура калыптыр.Ошондо Балбай:,--“ Сенин кылбаганың барбы, саяктарга кулагымды кестирип, далымды тештирип, орго салдырган сен эмес белең. Көксөө суусун, кек кетсин, өч ушуну менен бүтсүн, ал энчиңди”,--деп колундагы найзанын сыныгы менен табарсыкка сайып, бурап алып чыгып кетет. Ормон:,--“Катын бугу, кылмакчы элең кылдың”—деп табарсыгын басып отура калат.

      Жылдыз толгондо кызы Куландын колунда Ормон көз жумат. Өлөөр алдында кызы Куланга:--“Мен эми мал болбой калдым. Бугу менин сөөгүмдү катып коймок беле, сарыбагышка берет. Сен эми сарыбагышка батпай калдың, кызым. Төркүнүң сени эрден чыгарып албасын. Бугу ичинде турмушуңду кечир. Өлбөй жүрүп өчүңдү, кетпей жүрүп кегиңди ал. Ботаалыга айт, Алыбек кулду кармап келип мага курмандык кылсын. Үмөталы менен Төрөгелдиге айт, Катын бугуну эки кол курап чапсын, үч кол курабасын. Төрөгелди Балбайды, Саза, Муратаалыны жайласын. Адыл Мырзаны сойсун. Ошондо арбагым ыраазы болот. Менин кунумду Шамен чечсин” -деп керээзин айткан экен.

      Ормондун сөөгүн эмне кылабыз деп кеңеш болгондо, кээ бири “сөөгүн бербейбиз” деп чыгат, кээ бири “ата салтын бузбагыла, бергиле” деп Ормондун сөөгүн элине узатмак болушат. Балбай – “Сөөгүн букага артып, чүлүктөп алып барсын “- деп турган экен. Боромбай намыстанып. сөөктү майрам сууга алдырып, кара буурага жүктөтүп, үстүнө кара дейилданы жаптырып, кара жамбы даярдатып, аны төөнүн комуна кошо жыгачка илдирип, алып кетүүгө даярдатып койгон экен. Бирок, кудасынын сөөгүн жеткирип барууга Боромбай өзү да, карачечекей күйөө баласы Өмүрзак да батына алышкан эмес. Сөөк жүктөлгөн кара лөктү Ормондун кызы Куланга жетелетип жибермек болушту. Ансыз да намыстаныпп турган Кулан өзү да буга макул болгон экен, барыбир атасынын азасына барат эле да. Куланды жалгыз жиберүүдөн намыстанышып, жок дегенде коштоп бара турган эки киши жиберүүнү туура көрүшөт. Чогулгандардын эч кимиси мен барам дегенге жарай албай турду. Ормондун өлүмү үчүн сарыбагыш катуу жаалданып, ансыз да төлөтө турган кунду айтпаганда деле, коштоп барган кишилерди өлтүрүп коюудан кайра тартышпайт эле. Ошондо өмүрүн тобокелге салып, сөөктү Куланга кошулуп эки жигит жеткирип барган экен. Алардын бири кыдык кудайбакты уругунан Козбаланын уулу Ботокан, экинчиси арык тукуму Сейиткул (сабатар) уругунан Сүйүнбайдын “чыканактай” Агышы болгон.

      Ормон кол салганда атайылап эле качып бараткан өңдөнүп, аларды курчоого алууга шарт түзүп берген Ботокан болгондугун жогоруда айттык эле. Ошол Ботокан далай жортуулдарда, далай кармаштарда Балбай баатырдын жанында жүрүп, эр жүрөктүүлүгү, шамдагайлыгы, ыкчам аракеттери менен Балбайды нечен жолу коркунучтардан алып чыгып кетчү экен. Көзү курч, түн ичинде да илгиртпей көрүп, караңгы түндө, тоо-таш болобу, карагай-чер болобу Балбайдын алдында чаап жүрүп, артынан Балбай чаап, жигиттер аман-эсен кутулуп кетишчү экен. Ал эми Агыш болсо бою кичинелигинен “Чыканактай” аталып, бирок, балбан күрөш, эр оодарыштарда эч кимге алдырчу эмес экен. Эр сайышка чыгып, шамдагай жана карылуу болгондуктан нечен ирээт атаандашын аттан оодарган экен.

      Мына ушул эки жигит Ормондун сөөгүн жеткирип аман-эсен келишип, андан кийин да сарыбагыштар менен болгон кырчылдашкан чабыштарга катышып, далай эрдиктерди көрсөтүшкөн. Балбай баш болгон Молдо, Намазбек, Өмүр, Жанек сыяктуу баатырлар бул экөөнү “Эр”, “Эрен” деп айтышчу экен. Ошондуктан эл ичинде Эр Ботокан, чыканактай Эр Агыш аталып калышкан. Козбала уулу Ботокан эр жүрөк баатыр эле эмес, эл башкарган да инсан болгон. Анын ысымы XIX кылымдын 50-60- жылдарында кыдык ичиндеги кудайбакты уругунун бийи катары белгилүү.

      Боромбай султан өзү баш болуп, бугунун билермандары Ормондун сөөгүн коюуга батынып бара албай турушса, кыдык уруусунун таасирдүү адамдарынын бири, Жалгап уулу Самсалы Ормонго өкүрүп түшүп, жаназасына туруп, топурак салып келген экен. Сарыбагыштын айрым билермандары:-“Самсалы өзү келип бериптир, Ормондун куну үчүн тындым кылып салалы”-деп жээлигип жатышкан экен. Ошондо ортодо таарыныч болсо да аны унутуп, Ормонду жоктоп, көз көрсөтүп келген Калыгул олуя:--“Самсалы силер оңой эле өлтүрө койчу адам эмес. Анын касиети артык адам, Самсалыны өлтүрүү мазар кыйганга барабар”.—деп опурулуп жаткандарды тыйып койгон экен.

      Үмөталы Ат-Башыдан, Төрөгелди Бишкектен келип, Ормонду көмгөндөн кийин анын керээзи боюнча кун кууп алыш үчүн бугуга каршы жортуулга даярдана баштайт. Бугулар “Ормондун кунун төлөп берели” деп элчи жөнөтүшөт. Сарыбагыштар кепке келбей Шамендин чечими менен бугуга:- “биринчиси, Боромбай, Балбай. Тилекмат, Мырзаны бергиле, баштарын алабыз. Экинчиси, сулуудан сулуу тандап жүз кыз бергиле, тону дейилда, мингени жорго болсун, аларды эки жыл катын кылабыз, андан кийин жөө кайтарып беребиз. Үчүнчүсү, Ысык-Көлдү күңгөй-тескейи менен бошотуп бергиле, Текес, Кундуз, Кытайга кетесиңерби, кете бергиле”—деген үч шартты койгон. Бугулар бул шарттарга макул болгон эмес. Андан кийинки бугу-сарыбагыш чабыштары тууралу Б.Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхында”, ошондой эле элдик санжырада кеңири айтылат. Биз булардын бардыгына токтолуп отурбай эле, ушул капсалаңдуу чабыштын өңүтүндө Кыдык уруусу баштан кечирген окуяларга гана токтолууну эп көрдүк.

      Төрөгелди баатыр баштаган сарыбагыштын колу көлдүн күңгөйүндөгү саяк, белектин айылдарын чаап, Түпкө чейин кирип барган. Түп суусунун жээгинде Балбайдын колу сарыбагыштын чабуулун токтоткондон кийин, Төрөгелди колун жыйнап, Кочкорду көздөй кайра тарткан экен. Бул окуя 1854-жылы кеч күздө болгон. Кийинки жылы 1855-жылы жайында Алыбек колго түшүрүлүп, Үмөталы тарабынан жырткычтык менен өлтүрүлөт.

      Мына ушундай кырдаалда айрыкча сарыбагыштардын кун кууган биринчи чабуулунан кийин чочулап калган бугулар бардыгы Каркырага көчүп, ошол жерде дагы жортуул болобу деген ой менен камдуу турушту. Бир гана Самсалы бий өзүнө баш ийген айрым кыдыктарды Нарын бетине көчүрүп кетемин, андан ары эл ичи тынч болгуча Кытай тарапта жашап турсак деген ой менен калып калган экен.

      Ошол мезгилде Балбай баатыр тескейге келип элдин көчүү-конуусуна көз салып жүргөн экен. Ошол күндөрү ден соолугу начарлап, сыркоолоп да жүрүптүр.Тескей бетиндеги элди көчүрүп, Балбай сарыбагыш келип калабы деп акмалап. көчтүн артында бараткан экен. Көчтүн алды Жыргалаңдын боюна жетип, ортосу Же6ти-Өгүздүн суусуна, арты Ак-Теректен өтүп калганда сарыбагыштардын Адыл баатыр баштаган колу Коңур-Өлөң, Ала-Баштагы айылдарды чаап келатат деген кабар келет. Ошондо Балбай баатырдын эң жакын кол башчыларынын бири, кыдык Намазбек баатыр:-“Сиз көчтү коштоп алдыга жыла бериңиз, Балбай кайрадан согушка кирди деген сөзгө каласыз, анын үстүнө сыркоолоп да турасыз. Мен келаткан жоонун алдын тосуп, тийди-качты кылып алаксытып турайын, Токтобой жүрүп отурса көч узап кетээр”—деп жигиттери менен кайра Тоң тарапка бет алган экен. “Качкан жоону катын да жеңет” деген кеп бар эмеспи, Адыл күнөөсүз элге кол сала койбос деген ишеним менен Кекиликтин чат ына жакын жерде Адылдын жолун тосуп турат. Жоо колу көп экен, чамасы беш жүздөй атчан чукул келгенде Намазбек жигиттерин үч топко бөлүп, ар кайсы топтон бир көрүнүп, бир көрүнбөй ат ойнотуп бир топко чейин алаксытып турат. Бирок, мышык-чычкан ойногондон тажаган Адыл чоң күч менен чабуулга өтөт.

      Жоодон ырайым болбосуна көзү жеткен Намазбек да аянбай урушка кирет. Шарпылдактын үстүндө катуу чабыш болот. Душман күч жагынан артыкчылык кыла баштаганын сезген Намазбек баатыр жигити суксур Шаабото уулу Берикти “колун согушка даярдап турсун” деп Балбай баатырга жөнөтөт.

      Уруш ыкмасын жакшы билген Намазбек жүздөй жигити менен сан жагынан алда канча басымдуулук кылган Адылдын колун кайраттуулук менен токтотуп турган. Түшкө маал башталган согуш күн батканга чейин созулуп, Адыл бир топ жоготууга учурайт. Намазбектин жигиттери жоонун кысымына туруштук бере албай, көп адамдарынан ажырап отуруп, Тосордун суусуна чейин чегинип келишет. Урушка Намазбек буга чейин минип жүргөн Сөөлкөз деген атын алмаштырып, далай кармаштарда сыналган Акжелке деген тулпарын минип чыккан экен.

      Намазбекти ат үстүндө жеңе албасына көзү жеткенден кийин Адыл саяк Сатай мергенге басмайылын кыя ат деп буйрук бергенде, бирде тиги топко, бирде бул топко тийип кылычташып жаткан Намазбектин канжыгасы кароолого илинбей, кокондук мылтык менен атынын бир колунун томугун талкалай аткан экен. Аттан жыгылып жөө калган Намазбекти курчап келип, найзалап өлтүрүшөт. Айрым санжырачылар Намазбек 19 жолу найза жеп өлгөн десе, кээ бирөөлөрү 43 жеринен найза жеп өлүптүр дешет. Намазбектин денеси Тосор суусунда калыптыр. Ушул салгылашууда Намазбектин жигиттеринин дээрлик бардыгы шейит кетип, бир гана жигит аман калып, болгон окуяны элге айтып келген экен. Эртеси Балбай баатыр Бериктин коштоосунда бугунун колун баштап, сарыбагыш менен Курманкожо -Кулжыгач саягына каршы аттанган экен. Ушул жерде Намазбек баатырдын курман болгонун Балбайга угузушат.

      Ошондо Балбай баатыр:--“Намазбек менин оң колум эмес беле, акжолтоюмдан ажырап тирүү жүргөнүм курусун. Намазбек өлдү дегенче, Балбай өлдү десеңчи, биздин жаныбыз Намазбегимдин жанынан артык эмес. Мен сарыбагышты аясам да, алар мени аяган жок. Кетпей кекти, өлбөй өчтү алам, Намазбегим үчүн!”-деп кайраттанып, урушка өзү баштап кирген экен. Ушул согушта Балбай саяк Сатайды ат үстүнөн көмөлөтө сайып түшүрүп, Намазбекке багыштадым деп туруп кой мууздагандай мууздаткан экен. Сатайдын канынан кочуштап ууртап туруп, “эми көксөөм сууду” деген дейт Балбай. Бул окуя 1855-жылы жайында болуп өткөн.

      Балбай -“Намазбектин сөөгү көмүлбөй калат беле, барып сөөгүн таап жүктөп келгиле”-деп Берик баатырды эки жигит менен Тосорго жөнөткөн экен. Буга чейин эле Намазбектин сөөгүн эмчектеши Дайырбек, бир тууганы Ыманбек, каратон Айтбай болуп, тегерек-чекедеги желдеңдин айылдары жолдон кыйрап, андагы жашырынып жүргөн бир нече адам алып келип турушкан экен. Калың төшөлгөн чөптүн үстүнө жаткырышыптыр. Төөнүн жүнүн салып, бир нече кат кылып шырылган олпоктун ар кайсы жеринен кан чыгып, Намазбектин денеси тамтыгы жок сайгыланган экен.

      Таң эрте Намазбектин кабарын уккан Жанек баатыр жигиттери менен келип, Намазбектин денесин төөгө жүктөтүп, өздөрү менен кошо алып келатыптыр. Жолдо чериктерге жолугуп, сөөктү аларга берип, Жанек баатыр сарыбагыштардын артынан кубалап кетиптир. Берик эки жигит менен Намазбектин сөөгүн алып жүрүп отуруп, Балбайдын кошунуна келип жетишет. Ушул жерде Балбай баатыр башында туруп, Улабастын тоосунун этегиндеги коктунун оозунда баатырдын сөөгү жерге берилиптир.

      Намазбек курман болгондон он күн өтүп-өтпөй, сарыбагыш менен саякты бугулар сүрүп отуруп, Түптүн Кара-Баткагына камаган экен. Ушул жерде Балбай баатыр айласы түгөнүп камалып турган жоого:”-саяк болгонуң чыга бер, тийбеймин, сарыбагыш болгонуң өзүнчө бөлүн”—дегенде, жоо экиге бөлүнгөн экен. Ошондо Балбай баатыр:

      --Саяк бугу-сарыбагышка тең орток болуп жүрчү журт эмес белең. Биз саякка эмне кылдык эле?,--деп түбү бир туугандын арасына кийлигишкени үчүн колго түшкөн 300 курманкожо-кулжыгач саяктарын кырып таштаган дейт. “Саяк менен сагызганга убал жок” деген сөз ушундан калган экен. Ушул салгылашта Төрөгелди баатырдын буту сынып, колго түшкөн.

      Ошентип Төрөгелди баатыр баштаган сарыбагыштардын экинчи жүрүшү бугулар тарабынан талкаланган. Бугулар сарыбагыштарды күңгөйдө Кессеңирге, тескейде Шарпылдакка чейин сүрүп барып таштаган. Төрөгелди Балбайдын колунда эки жыл туткун болуп, ошол мезгилде Балбай анын бутун үч жолу сындырган экен. Санжырада Төрөгелдини чүлүгү жок өгүзгө мингизип, артынан кур дүрмөт менен аттырып, токой аралатып коё берет деп айтылат. Эшектин мээсин жегизген деген да кеп бар. Акыры сарыбагыштар 60 бээ айып төлөп, Төрөгелдини бошотуп алышкан. Бирок, бул жеңиш бугуларга артыкчылык берген эмес. Алдыда дале болсо сарыбагыштар тарабынан боло турган жортуулдун коркунучу сакталып турган.

      Намазбек баатыр демекчи, ал өз элинин эркиндиги үчүн күрөшүп, келген баатырлардын бири. Өз заманындагы башка баатырлар сыяктуу эле уруунун кызыкчылыгы үчүн жанын кыюуга даяр турган, эл баккан, аны кадырлап-сыйлаган, жалпы журттун тагдыры менен кошо жашап, кууралы менен жыргалын тең бөлүшкөн адам болгон. Намазбектин ата-тегин билип алганыбыз оң. Анткени, анын ысымы азыркы муундун адамдары, айрыкча жаш муундар үчүн эскерип жүрүүгө татыктуу. Кыдык бабабыздан Жакшылык, андан Черикчи. Черикчиден Сырымбет, андан Борбу. Борбудан Ормотой, андан Түлөкабыл, Ыманбек, Намазбек. Булардын тукумдарын жакшылык ичинде “Үч Ормотой” деп аташат. Намазбектен үч уул- Аралбай, Акчубак жана Маамыт. Булардын урпактары ушул кезде Бөкөнбаев айылын жердеп турушат.

      Намазбек баатырдын ишенимдүү жигиттеринин бири суксур Шабото уулу Берик, кокондуктарга каршы күрөштө айырмаланып, Жыргалаңдагы салгылашууда Хаккулу миңбашыны колго түшүрүп, эрдик көрсөткөн. Ушул жерде Кокон аскер башчысы өлтүрүлгөн болчу. Берик баатыр көлдөгү кокондук чептерди талкалоого да активүү катышкан. Тоңдогу чептердин бирин алууда Берик жигиттердин тобунун башында туруп. качып бара жаткан чептин акимин беш сарбазы менен колго түшүргөн. 1854-жылдын жайындагы Ормондун жортуулунда Кудургунун жанында жоону тосуп алып, андан ары Түптүн Кара-Баткагына чейин алып барып, курчоого алып талкалаган кармаштарда Берик көзгө көрүнүп, баатыр аталган. Ормон өлгөндөн кийинки Адыл баатырдын, Төрөгелди баатырдын, Үмөталынын жортуулдарынын мизин кайтарууда далай кан төгүлгөн айкаштарга катышкан.

      Кийин, Берик баатыр Иле тараптагы казактарга, Текестеги калмактарга да барып, жылкы тийип келген учурлары болгон экен. Текестин Кара-Корум деген жеринен калмактын жылкысын тийип келатышканда куугунга кабылып, Берик баатыр жигиттерине жылкыны айдатып жиберип, өзү куугунчулардын жолун жалгыз тосуп калат. Куралданган 6 калмак кууп келе жаткан экен, жалгыз турган Берикти түз эле качырып сала беришиптир. Алардын үчөөнү чокмор баш менен удаа уруп түшүргөндөн кийин, чочулап калган үчөө кайра качкан экен. Алардын бирин кууп жетип, аттан түшүрүп, чылбыр менен колу-бутун байлап ала келиптир. Жолдо жанагы үчөө эсине келип, аттарын жаңы эле кармап, аттанганы калышкан экен. Колу-буту байланып, жетекте келе жаткан шеригин көргөндө аттанганга шайлары келбей отуруп калышыптыр. Калмактарды аман-эсен коё берип, Берик баатыр алардын аттарын кошоктоп жетекке алып, бир коктуга жылкыларды камап күтүп жаткан жигиттерине келип кошулган экен.

      Калмакка болгон жортуулдардын биринде Берик адашып калган бир кичинекей эркек баланы ала келиптир. Бериктин байбичесинин таякелери калмак экен, ал балага Пиримберди деп ат коюп, улуу баласы Жанузакка бериптир. Жанузак Пиримбердини сүннөткө отургузуп,чоң той берип, асырап алат. Анын бул асыранды баласынан башка Бөлөкбай деген өз уулу болгон.

      Шабото уулу Берик баатырдын ата-тегин санжыра боюнча сүрүштүрө келсек, Жаанбай атабыздын Элчибек деген уулунан тарайт. Элчибектен Жумаш, Каработо. Шабото деген үч уул. Шаабото да өз заманында баатыр чыгып Торгой баатырдын ишенимдүү жигиттеринин бири болгон. Шаботонун улуу аялынан Токтогул, ал эми кичүү аялынан Абайылда, Берик деген эки уул.

      Берик баатырдын Жанузак, Алымбек, Сатымбек, Өмүрбек, Байтели жана Жалбы деген алты уулдан тараган урпактары бар. Алардын ичинде көрүнүктүү советтик, партиялык жана мамлекеттик ишмер Болот Мамбетов бар экендигин сыймыктануу менен айтып кетсек болот. Шабото уулу Берик баатырдын урпактары Тоң районундагы Жер-Үй, Ак-Сай, Бөкөнбаев, Кажы-Сай айылдарында, Бишкек, Балыкчы шаарларында жашап турушат. Бир аз үй-бүлө Жети-Өгүз районунда бар.


                           ЫРАМАН КЕДЕЙМАТ УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Эл башына оор, кыйын күндөр келип, бир жагынан Кокондун кысымы, экинчи жагынан Кытай бийликтеринин тымызын көз арткан аракеттери аз келгенсип, эки бир тууган уруунун билермандарынын тирешүүсүнөн, айрыкча Ормон хандын опузалуу жоруктарынын кесепетинен келип чыккан бугу-сарбагыш чабышы, ошол чабышта Балбай колдуу болуп өлгөн Ормондун куну үчүн сарбагыштардын алдыда күтүлүп жаткан баскыны элдин үшүн алып, эртеңки күн эмне болот деп түйшөлтүп турду. Ушундай катаал мезгилде жок дегенде өз уруусун кан төгүүдөн сактап калуунун камын көрүп, уруулаштарын чет жерге, чоочун элге болсо да көчүрүп кетүүнү туура көргөн бабаларыбыздын бири кыдыктын Жаанбай уругунан чыккан суксур Кедеймат уулу Ыраман болгон. Ошол Ыраман эр жетип, эл аралап калганда сарыбагыш-бугунун ортосундагы чатак чыкты. Ормондун куну деп Адыл менен Төрөгелдинин алгачкы жортуулдары болуп, эки тараптан далай эр-азаматтардын башы кетти, далай айылдар өрттөлүп, талкаланды. Кашкөй баатырлардын бири Намазбек Ормотой уулу эл-жер үчүн деп жанын берип, эрдик менен курман болду.

      Кедейматтын эки уулу Абдыраман менен Ыраман тууралу санжырада кенен орун берилет. Алардын атасы Кедеймат Эсен уулу элге кеңири таанымал, артында айта жүрөөр из калтырган, андан бери бир нече муун өтсө да унутулбай, эл ичинде аңыз кепке айланган инсандардын бири. Барыдан мурда ал кишинин өтө жоомарт адам болгондугу айтылат. Ошондуктан ал кишини саяк, сарбагыш, солто ичинде Кедеймарт деп аташат. Ал кишинин марттыгы жөнүндө эл арасында:

      -Кедеймат жайын сурасаң,
      Кедеймат эмес, Кедеймарт.
      Марттыгын мындан билиңиз,
      темене тарткан катынга,
      жетелетип төө берген.
      Жетиги кемип калат деп,
      желеден кармап бээ берген,

      ...деп анын берешендигин өз заманындагы ырчылар даңазалап жүрүшчү экен.

      Жаанбай атабыздын Суксур энеден тараган урпактарын эл ичинде “жөө суксур” деп аташат. Мындай аталып калышына Кедеймат атабыздын түздөн-түз тиешеси бар. Илгери кайсы бир жылдары солто элинде бир бай адамдын ашы болуп, ошол ашка аркалык кыргыздардан көп адам чакырылат. Ашка суксурлардан да Кедеймат баштаган жоон топ адам барган экен. Кедеймат келиптир, марттыгын сынап көрөлү дешип, солтонун көпкөн жигиттери чакчыгай кармап алышып, ага чүпүртөктөн томого тигип кийгизип, шыпырылып кетпесин деп мойнуна байлап коюшуп, жиптен боо тагып бармакка кондуруп алып уй мүйүз тарта отурган Кедейматтын тобуна келип, жигиттердин бири:

      --Аба, ушуну сизге тартуулап келдик, кабыл алып коюңуз,--деп оң колунун бармагында отурган чакчыгайды сунуптур. Чакчыгай чаркырап үн чыгарып, барпырап уча албай жатат дейт,жигиттин бул кылыгына маашыр болгон эл кыраан-каткы күлүп жатат дейт. Ошондо Кедеймат атабыз тиги жигитке:--“Эми балам, жолдугун берейин, айыл үстүндө жүрсөк бир жөн эле, жолдо жүрөбүз. Бирөөң эле эмес, жоон тобуңар жүрөсүңөр,баарыңарга текши жетсин”,--деп өзүнүн атын баш кылып, чогуу барган туугандарынын аттарын тартуулаптыр. Суксурлар ээр-токумдарын колтукташып жөө калышкан экен. Ошондо ошол жерде отурган солтонун кадырлуу аксакалдарынын бири:

      --Баракелде, Кедеймат марттыгыңа! Чын эле Кедеймат эмес эле Кедеймарт турбайсыңбы,--деп жигиттерге кайрылды:

      --Айыл үстүнөн жолдук деп аттарын жетелеп алганыңар кандай болоор экен? Марттыкка зордук кылгандай болуп калат, меймандардын аттарын кайра бергиле,--дептир. Ушул окуядан кийин Кедейматтын туугандары “жөө суксур” аталып калышкан экен.

      Ушул Кедейматтын бир уулу Ыраман элдин эртеңки тагдырын ойлоп, боло турган коогалаңдан сактап калуу аракети менен беш-алты эр-азаматты жанына алып, Кытай тарапка аттанат. Анын бул сапарынан Боромбай баштаган бугунун билермандарынын кабары жок эле. Алар ашуу ашып, суу кечип, далай тоо-ташты, катуу багыт талааларды кезип, Турпан шаарына келип жетишкен экен. Ыраман үчүн шаардагы ак сарайда турган кытай шаңыясына кирүү оңойго турган эмес. Күзөтчүлөрдүн башчысын бир тай туяк күмүш менен паралап жатып, төрөнүн кабыл алуусуна эптеп катталган экен. Эки күндөн кийин кабыл алууда болосуз деген жоопту алып, болжогон күнү эки жигиттин коштоосунда төрагага кирген экен. Ыраман ала барган белектерин тапшырып, Кытай жергесине келген себебин тилмеч аркылуу түшүндүрүп, көп жылдар бою эки уруу элдин тирешүүсү күчөп куралдуу кармашка чейин келип жеткенин, мунун кесепетинен, эки элде тең чоң жоготуулар болгондугун, айрыкча карапайым калктын башына оор мүшкүл түшкөнүн, ал аз келгенсип, Кокондун ханы эки урууну бири- бирине каршы тукуруп, алдыда дагы куралдуу чапкын күтүлүп жатканын айтып, убактылуу болсо да өз уруусун Кытайга көчүрүп келүүгө уруксат сурап, баш калкалатып турууну өтүндү. Эгер кытай тарап буга макул болсо, кыдык уругун көчүрүп келип, бул үчүн кытайлык жергиликтүү бийликке алык-салыгын төлөп берет элек, эки уруунун чыр-чатагы басылгандан кийин кайра өз жерибизге көчүпп кетет элек деп өтүнүчүн билдирген экен. Кытай төрөсү Ыраманга үч күндөн кийин жооп берээрин айтып, ага чейин эс алып жата бергиле дейт. Үч күндөн кийин шаңыя Ыраманды чакыртып алып, жер берүүгө макулдук берип, келишим түзүп, мөөр басып берет экен.

      Төрөнүн сарайында Ырамандын жана чогуу барган кыргыздардын урматына шаан-шөкөт уюштурулат. Ал аяктагандан кийин Ыраманды узатып жатып:

      --“Силерди коштоп барып, эл-жериңерди көрүп келсин. Кийин силер көчүп келатканда тосуп чыккандай болсун”-дешип, эки кытай аскерин кошуп беришет экен. Эч жамандык ойлобой, эки кытай аскеринин узатуусунда Ыраман жолдоштору менен элин көздөй аттанышкан экен. Арадан 3-4 күн өтүп, Ырамандын оң бутунун башы шиший баштаптыр. Шишик бара-бара жоон санга чейин жетип, кара көк тартып, Ыраман атка жүрө албай калыптыр. Жигиттердин бири ат токуп жатып, оң жаккы үзөңгүнүн таманы отко эригендей болуп тешилип калганын көрүп, жолдошторуна билдирет. Бул бекер эмес, болду-болбоду күчтүү уу сыйпалган, бир билсе тиги эки аскер билет дешип, экөөнүн колу-бутун байлап суракка алышат. Адегенде эч нерсе билбейбиз деп безилдеп жатышып, айтпасаңар силерди өлтүрөбүз деп бычак суурганда гана кытайлар чынын айтууга аргасыз болушат.

      Кытайлар тарабынан болгон кыңыр иштин жайы мындай экен — кытай төрөсү чынында эле кыргыздардын көчүп келүүсүн каалап, алык-салык төлөп турабыз деген Ырамандын убадасына кызыккан экен. Бирок, айрым сарай кызматчылары, айрыкча төрөнүн жардамчысы буга ич күйдүлүк кылып, кыдыктардын көчүп келүүсүн токтотуу максатында тымызын Ырамандын көзүн тазалоо үчүн үзөңгүгө уу сыйпаткан экен. Эки кытай аскерин жолдо болгон окуяны толук билип, Ырамандын өлгөнүнө көзү жеткенден кийин айтып келесиңер деп атайын тапшырма менен кошуп бериптир.

      Ошентип ууланган Ыраман калк камы деп жүрүп, максатына жетпей жолдо көз жумган экен. Жолдоштору анын сөөгүн жат жерде калтырбай алып келишип, көл башындагы Каркыранын Кызыл-Кыясына жашырышкан экен.Эки кытайды көлго кошо ала келишиптир. Абдыраман кыдыктын эл жакшылары менен кеңешип отуруп, Экөөнү тең эл ичинде кармап, үйлөнтүп-жайлантып коёлу деп чечкен экен. Кийин арадан бир топ жыл өтүп, дунгандар Кытайдан ооп келгенде, ошол эле Абдырамандын макулдугу менен айыл-апага ажырашаяк берип, эки кытай үй-бүлөсү менен ошол дунгандарга барып кошулган дешет.

      Ырамандын тек-жайы тууралу кеп кылсак, Кыдык бабабыздын Жаанбай деген уулунун экинчи зайыбы – Суксур энеден төрөлгөн үч баланын улуусу Элчибек. Элчибектен Жумаш. Жумаштын кичүү аялы Жийдекандан Эсен, Туртемир деген эки уул. Эсенден биз жогоруда кеп кылган Кедеймат. Ушул Кедеймат бабабыздын эки уулунун бири Ыраман. Тилекке каршы Ыраман эрте каза болгондуктан андан тукум калбаптыр.


                           БУГУ УРУУСУНУН ОРУСИЯНЫН БУКАРАЛЫГЫНА ӨТҮШҮ. ЖУУКУДАГЫ КЫРГЫН                                                                                                           (Мазмунга)

      Сарыбагыштардын жортуулдарынын кесепети Бугуларга абдан оор болду. Боромбай султандын Жуукудагы Кызыл-Үңкүрдөгү ордосу талкаланып, өзү катын-балдары менен көл башына, кийинчерээк Текеске көчө качкан.

      Ушундай кырдаалда бугу элинин мындан аркы тагдыры өтө опурталдуу болуп калды. Богдыхандын Кытай улуктары, Кокон төбөлдөрүнүн зордук-зомбулугу, андан калса сарыбагыштардын кыргындуу жортуулдары Боромбай султандын Орусияга элчилик жиберүүсүн шарттаган. Боромбайдын “Кокондун колтугунда отургуча, улуу элдин улагасында отурганым жакшы” деген сөзү бар. Ошол кырдаалда Боромбай өз уруусун сактап калуунун бирден бир жолу Орусиянын букаралыгына өтүү деп эсептеген. Ал Качыбек Шералы уулу башчылык кылган элчилерди Орусияга жиберди. Алар 1854-жылы сентябрда Омбуга (Омскиге) келип, 1855-жылы 17-январда Россиянын букаралыгына өтүү жөнүндө куран кармап, ант беришкен. Бирок, андан кыдыктардын абалы жакшырып кеткен жок. Кыдык уруусунун билермандарынын бири Жалгап уулу Самсалы бий башынан эле Боромбайдын бийлигин анча деле тааный бербей, бугунун жыйындарына катышпай, катышса да көп учурда Боромбайга баш ийбей, кыдыкты арык-белектен оолак кармап, султан менен тирешүүгө өткөн.

      Самсалы бий:- “Боромбай Белектен болсо, мен Кыдыктанмын. Кыдык Белектин агасы, ошондуктан менин жолум улук”—деп айтчу экен. Ормон өлгөндө Самсалынын өкүрүп барып, топурак салып келгени бугунун Муратаалы, Балбай сыяктуу билермандарына жаккан эмес. Самсалы бий сарыбагыштын тынай уруусунун башчысы кадимки Жантай хандын кызын иниси Ниязбектин уулу Үрүскө алып берген. Бул окуя дагы Боромбай менен болгон келишпестикти ырбаткан.

      Орус бийлигинин 1856-жылы бугуларга жөнөткөн М.М.Хоментовскийдин куралдуу отряды көл башында гана таасирдүү болуп, кыдыктар турган аймакка таасир кылган эмес. Ошондуктан бугу-сарыбагыш согушунда кыдыктардын абалы өтө оор болуп, бул оорчулук сарыбагыштар тарабынан даярдалып жаткан үчүнчү чоң жортуул менен коштолмок. Кыдыктардын кол башчысы Намазбек баатырдын өлүмү да абалдын начарлашына таасирин тийгизбей койгон эмес, анын жоктугу даана эле сезилип турду.

      Кыдыктарды мындай оор кырдаалдан алып чыгып, алдыда боло турган сарыбагыштын жортуулунан сактап калыш үчүн Самсалы бий Кыдыктын эл жакшыларын чакырып, аларга Нарын бетине э.лди көчүрүп, абал жакшырбаса андан ары Кытай тарапка ооп кетүүнү сунуштаган. Бийдин бул сунушуна оң же терс жооп бере алышпай, алдыда элди кандай тагдыр күтүп турганына көздөрү жетпей жакшылар жарга камалып турганда, бир тууганы Ырамандын өлүмүнөн кийин Кытайдан көнүлү калган Абдыраман:--“Мүйүздүү эненин арбагы турат, арык менен белектен бөлүнүп кайда барат элек, жалпы эл көргөндү көрөлү. Калың бугу Каркырага көчүп жатат, Нарынга баргандан көрө Каркырага барып эл ичинде бололу”—деген оюн билдирет. Бирок, далайдан бери белектин билермандарына ич күптүсү бар Самсалы бул сунушка макул болбой, “Султан дини бөлөк, тили бөлөк капырларга кошулуп, аларга баш ийип берди, сенин дагы чокундук болоюн деген оюң барбы? Каркырага кетем десең кете бер. Мен элди алып, Нарынга көчөм”-деп оюн бербей, көшөөрүп туруп алды. Кыдыктын билермандары да Самсалынын алдында баш көтөрүп каршы айта албай, анын сөзүнөн чыкпай, оруска баш ийгенден көрө, кудайдын башка салганын көрөрбүз дешип. Абдырамандын сунушун кабыл албай коюшту.

      Самсалы баштаган кыдыктын билермандарын көндүрө албасына көзү жеткен Абдыраман өзүнө баш ийген суксурларды көчүрүп, алдаке, мендебай, бейишти кошуп, Каркырага алып кетет. Каркырага чейин күндөп-түндөп жол жүрүп, жол азабын, көч түйшүгүн тартуу кыйын эле болгон. Тууган ичинде да сөз чыгып, “элден бөлүп, бизди кайсы көргө тыккан жатат, өз элибиз көргөндү көрбөйт белек” дегендер да болбой койгон жок. Кыскасы, көп кыйынчылык менен Абдыраман туугандарын Каркырага алып келип, Боромбайдын уулу Өмүрзактын айылына танапташ болуп конуш алып, үй тигип жатып калышты. Абдырамандын Каркырага көчүү боюнча чечими туура болгондугун кийинки окуялар ачык көрсөттү.

      1857-жылы көл жээгинде бугу уруусунда болбгон орус саякатчысы Семенов – Тянь-Шанский төмөнкүлөрдү билдирет: - “ Кыдык уругу күчтүү жана бай болгон: жалгыз өзү 3000 жоокерди курал-жарагы менен аттандыра алмакчы, малдарына сан жетээр эмес. Кыдыктардын уруу башчы бийи Самсалынын менчигинде 3000 жылкысы болгон. Менменсинип келберсиген Самсалы Боромбай менен чырдашат. Өз уругу менен Ысык-Көлдүн түштүк чыгышына көчүп барып, өзүнчө туруп калган” (Кыргыздар 3-т. Б., 2019. 521-бет).

      Самсалы бугунун билермандары менен биротоло араздашып, Нарынга көчүп кетүүгө камынган. Боромбай баштаган билермандардын “Бөлүнгөндү бөрү жейт, тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололу” деген сөзүнө көнбөй койгон. Бирок, бул көшөөрүп көгөргөндүктүн аягы көптөгөн кишинин канынын төгүлүүсү, көлдөгөн көз жаштын агышы менен аяктаган.

      Самсалынын ынабастыгына көзү жеткен бугунун башка уруулары чогуу-чаран Каркырага көчүп кетип, Жети-Өгүздө негизинен кыдык уруусу калган. Алар камылгалары бүтүп, эртең-бүрсүгүнү Нарынга көчөбүз деп жатканда Бекмурат деген адам сарыбагыштарга жашыруун:-“Бугунун билермандары менен чырдашып, Самсалы кыдык уруусун Жуукунун ашуусу аркылуу Нарынга көчүрүп кеткени жатат. Бугунун башка билермандары менен баатырлары элин көчүрүп, Каркыра жайлоосуна чыгып кетти. Ошондуктан жалгыз айыл калган кыдык уруусун чаап, олжого туйтунсаңар болот”—деп кабарлаган. (Сагымбаев О. “Кыдык, Торгой жана Атакан” Б.,2003. 46-бет). Бул жерде автор көлдүн тескейинде тынымсейит, бапа жана желдең уруулары да көчпөй калгандыгын этибарга алган эмес.

      1857-жылы жайында Самсалы баштаган кыдык уруусу Жууку капчыгайын өрдөп, сыртка көчүп жөнөгөн, андан ары Нарын бетине ооп кетүү булардын максаты эле. Бирок калың эл Жууку ашуусун ашпай калды. Кыдыктар бугудан бөлүнүп, Нарынга көчкөнү жатат деген кабарды алган Ормондун уулу Үмөталы өзү кол баштап, көлгө келген эле. Сарыбагыштардын экинчи колун Абайылда уулу Төрөкелди баштап, Сырт аркылуу Жуукуну ашып түшүп, бири кыдыктардын артынан, экинчиси астынан тосуп, капарсыз бараткан көчтү ашууга чукул капчыгайдын ичинде кырып салган. Башаламан жандарын ала качкан кыдыктар үй-жай, мал-салы менен бет алды качып, 600 кишиси өлүп, 1200ү туткундалып, калганы качып көз мелжиген Жууку (Заука) ашуусун ашып, Тянь-Шандын Кичибухар жагын айланып өтүп, өз уруулаштарына кошулууга аракеттенишет. Жолду катар малдан ажырап, ак-мөңгүлүү ашуудан өтө албай, өлдүм-талдым дегенде уруусунан эптеп аман калгандары менен Самсалы Боромбайга келип кошулат” -деп жазат Семенов-Тянь-Шанский. ” (Кыргыздар 3-т. Б., 2019. 532-бет).

      Айрым гана азганактай адамдар тоо-ташка жашынып. качып кутулушкан. Мал-жанын, оокат жайын сарыбагыштарга талатып, тонотуп, көп адамдарынан ажырап Самсалы бий Боромбай султандын карамагына келип кошулууга аргасыз болгон. Бул окуя кыдыктардын башынан кечирген эң оор, эң трагедиялуу учуру болуп, мунун кесепетинен кыдыктын айрым уруктары, өзгөчө Торгой уругунун урпактары жоготууга учураган. Ошондон көп өтпөй бул аймакта жүргөн орус саякатчысы Семенов- Тянь-Шанскийдин экспедициясы ушул жерде болгондугун жогоруда белгилеп кеттик. Ал ушул жерде көргөндөрүн күндөлүгүнө жазып,, Жууку капчыгайын “Өлүм капчыгайы” деп атаган. Окумуштуунун бул күндөлүгү Санкт-Петербург шаарындагы императордук география коомунун музейинде сакталып турган экен. Кандай болгон күндө да бул окуя бугу элинин тарыхындагы оор окуялардын бири экендигин окумуштуу тарыхчылар А.Хасановдун “Кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү этап”, Б.Жамгырчиновдун “Очерки политической истории Киргизии во второй половине XIX века”, В.М.Плоскихтин “У истоков дружбы” жана башка илимий эмгектеринде белгиленет.

      Жуукудагы кыдыктар менен болгон каргашалуу окуянын кесепетинен Самсалы бий Боромбайдын айылына качып келгенден кийин султан бугунун билермандарын чакыртат. Боромбай султандын үйүндө отуруп, болгон окуяны Самсалынын өз оозунан укканда Абдыраман онтоп жиберген дешет.

      Үмөталы, Чаргындын,
      кыйын болду мүшкүлү.
      Сарыбагыш кылган кордуктан,
      кайран элдин таланып кетти көлүгү,
      кайран элдин көмүлбөй калды өлүгү,

      --деп боздогон экен кайран киши.


                           БУГУ- САРЫБАГЫШ ЧАБЫШЫНЫН БҮТҮШҮ                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыдыктарды талкалагандан кийин сарыбагыштар тескей жээкте качпай калган желдең, бапа урууларына чабуул коюуга өтүшөт. Бугунун бул уруктары Чычкан, Барскон, Тамганы жердешип, жайкысы Сыртка жайлашчу. Сырттын Кара-Кужурунда Ормондун уулдары Үмөталы, Чаргындын айылдары да жайлашчу экен. Желдең, бапа урууларынын Ормондун өлтүрүлүшүнө тиешеси жок болсо да, сарыбагыш менен саяктын аёосуз талоонуна туш болушкан. Малдары таланып, көп кыздары олжого кетип, көп үй-бүлөлөр туткундалган. Кыдык, Бапа жана Желдеңден түшкөн олжону сарыбагыштар Кара-Сазда бөлүштүрүп жатканда атактуу Арыстанбек акын:

      -Жыгач болсо чабылаар,
      кийиз болсо жабылаар.
      өлбөй турган адамдар,
      көп дүйнөгө кабылаар.
      Бүгүн эми.
      үч ушундай чапсаң да,
      Эсенгулдун эр Ормон,
      элине кайдан табылаар,

      --деп айткан экен.

      Сарыбагыштар Тоңду жана Нарынды жердеген тынымсейит уругун да талоонго алышкан. Бугу-сарыбагыш чатагынын андан аркы жүрүшүндө эки уруунун башчылары коңшу казактардын султаны Тезек төрөдөн колдоо алууга аракет кылышкан. Тилекматтын Тезек төрөгө барышы, бугулардын алдаяр уругунан Ыстамбектин кызы Төрөтайды кыз кылып тартууга бергени санжырада кеңири айтылып жүрөт. Кийин калыс эл эмеспи деп сарыбагыш Үмөталы да, Боромбай да солто билермандарынын бири Түлөкөгө элчи жиберишкен. Экөөндө тең элчи болуп, бугудан Тилекмат, сарыбагыштан Шамен барган экен. Эки элчинин солтого баргандыгы тууралу санжырада мындай айтылат:

      -Шамен жанына эки киши, Тилекмат бир киши алып барышкан экен. Буга чейинки Тилекматтын сүйлөшүүлөрүндө анын жанында көбүнчө белектин Салмаке уругунан Бала Карач коштоп жүрчү экен. Бул жолу ал Текесте жүрүп калып, солтого Тилекмат менен барчу кишини тандаганда Тилекмат өзү “акылы тунук, сөзү орундуу, калыс жигит көрүнөт” деп Абдыраманды ээрчите кеткен экен. Элчилер солто Түлөкөнүн айылына келишсе, Түлөкө үйүндө жок экен. Ушул жерде Шамен солтонун бир жигити менен тогуз кумалак ойноп, ичигин уттуруп жиберет. Солто ичикти алып чыга бермек болгондо Тилекмат тура калып, жигиттин колундагы ичикти алып Шаменге жаап, “жүрү Шамен кетели, солтону калыс тууган деп келсек, чапаныбызды сыйырып алып, тонолгон төөдөй кылып тартайтып айдап иймек турбайбы”--дейт экен. Эртеси Абдыраман Тилекматка: --“Аке, Түлөкөнүн жакында келээр учуру көрүнбөйт. Андан көрө Шаменге айтаар кебиңизди айтып, өз маселебизди өзүбүз чечип алып кете бергенибиз оң болот го”—дегенде Тилекмат Абдырамандын оюн эп көргөн экен. Сарыбагыштан үчөө, бугудан экөө болуп, бешөө дасторкон үстүндө отурганда Тилекмат Шаменге:

      --Баатыр, сен сарыбагышка ээ боло аласыңбы?—дегенде Шамен:

      --Ооба, сарыбагыш деген мен,--деп жооп узатат.

      --Сен сарыбагыш болсоң, анан да сарыбагышты билсең чын сөзүңдү айт, кандай кылалы?

      --Мен казакка бардым, анда сен дагы бардың. Тезекти көндүрүп, ал үчүн бугунун бир катынын тартууга берип ишти жайгардың. Эми, солтого келсем сен дагы келдиң. Солтого ичигимди алдырбай өзүмө берип, муну менен солтону да жайгардың, Эми ушундан кийин эмне кылышты өзүң эле чеч, мен билгини сага бердим,--деген экен. Анда Тилекмат:

      --Бергениң ырас болсо, Ормондун кунун кууйбуз деп, бугудан Боромбайдын уулу Кылыч,Намазбек, Мырза баатырларды, жаш экенине карабай Балбайдын уулу Байгашканы өлтүрдүңөр. Бугуну эки сыйра чаап, үчүнчүсүндө “үчтөн кийин күч” деп Төрөгелдинин сынык бутун улам эрмектетип, аны керектен чыгардыңар. Ормондун куну бир башынан ашып кетти го. Жок, болбойт десең, Ормондун калган куну миң тай, миң тайга бергис бир тай дейт. Кененсарынын ашында чыгып келген чиркей Кенжебайдын сарыкер аты миң жылкы утуп алды эле, ошону жетелеп, төрт жүз бугу менен келип, кырк бээ союп чай ичирем, ушуну менен болдубу Ормондун куну,--дептир.

      Күн болжоп коюп, эки элдин элчилери кайра тартышкан экен. Болжогон күнү Боромбай баш болуп, Кенжебайдын сарыкер атын кунга деп жетелетип, кырк бээни аза үчүн чайга бата деп, 400 бугу келип түшүп калат. Келген 400 бугу куру жатмак беле, сарыкер атты калтырып, 40 бээни коногуна сойдуруп, жеп, бугулар кайтып кеткен экен. Ошентип бугу-сарыбагыш чатагы тыйылган дешчү карылар Бирок, кийин деле айрым учурларда чабыштар кездеше калып жатты.


                           БАЛБАЙДЫН ӨЛҮМҮ                                                                                                           (Мазмунга)

      1858-жылы Боромбай султандын көзү өттү. Ошондон кийин бугу билермандарынын ыркы кетип, бийлик үчүн ич ара жаатташуу күчөп, жаңы орноп жаткан орус бийлигине баш ийүүнү каалабагандар султандык орунга Мураталы бийди, ал эми орус бийлигин тааныгандар Качыбек Шераалы уулун, айрымдары Өмүрзак Боромбай уулун колдоп чыгышкан. Боромбайдан кийин султандык милдетти орус бийлигинин ыкласы менен Өмүрзак Боромбай уулу (15.06.1858-ж -- 13.06.1860-ж), Качыбек Шералы уулу (13.06.1860-ж. – ноябрь 1866-ж.) аткарып, бугуну башкарып келишти.

      Балбай баатыр орус букаралыгын кабылдоого каршы болуп, орус аскерлери көлгө келгенде. ал айылы менен Текестин Көк-Терек деген жерине көчүп кетет. Бул жерде жүрүп ал калмактын, казактын жылкыларына тийип, ары-бери өткөн соода-кербендерин талап-тоноп турган. Кезектеги жортуулдардын биринде дайыма Балбайдын жанында жүргөн көздөй жигити айтылуу Эр Ботокандын далысына жаанын жебеси тийип, жарадар болот. Жебени сууруп алышканда анын огу калып калган экен. Балбайга алдырам деп келгенде, далыдагы жаратты көрүп:-“кара көзүм кашайган турбайбы”—деп катуу чочуп кеткен дешет. Балбай кыпчуур менен окту чукуп алып салат, бирок ок ууланган болгондуктан далы кара көк болуп шишип кеткен экен. жараты күчөп Эр Ботокан каза болуптур. Эр Ботокандан Бектур, Акидей деген эки уул калат. Акидейден Кошой, Дүйшөналы, Мусулманкул. Эл ичинде Акидейдин жакын тууганы Калчага байланыштуу аңыз кеп айтылып жүрөт. Калча бир темир устага барып, ат такалап бер десе болбой коюптур. Ошондо ачуусу келген Калча дөшүнүн үстүндө жаткан барсканды ала коюп, дөшүнү тең ортосунан жара чапкан экен. Бүгүнкү күндө Эр Ботокандын урпактары Көк-Сай айылында жашап турушат.

      Зарыпбек султан болгондон кийин орус аскерлеринин жардамы менен сарыбагыштарга каршы чабуул жасаган. Күңгөйдөгү надырбек уругу таланып-тонолгон. Алардан олжолонгон малды бүт бойдон айдап келип, мурда сарыбагыштар тарабынан чабылган тескейдеги тынымсейит, желдең, кыдык урууларына таратып берген. Андан кийин Зарыпбек Кочкордогу сарыбагыштарга кол салып, талоон кылган. Төрөгелди тоого качып кутулган. Натыйжада сарыбагыштардын баары көл жээгинен сүрүлүп, Ысык-Көл толугу менен бугуларга тиешелүү болуп калган.

      Зарыпбектин тушунда бугунун билермандарынын ыркы кетип, тууган ичинде талаш-тартыштар көбөйдү. Ушундан пайдаланган Зарыпбек өзүнө жакпаган бугунун тыңдарын орус бийлигине таянуу менен четинен көзүн тазалоого аракет жасаган. Балбайды алдап алып келип, куралдуу орус отрядына карматкан. Ошондо тууганы Зарыпбектин чыккынчылыгына аргасыз күйгөн Балбай:--“Атаңгөрү, жанымда каракөйнөк Канай болсочу, бириң да мага даабайт элең”—деп кыйкырган экен.

      Чындыгында Балбайды Балбай кылып, жортуулдар менен нечендеген айкаштарда анын жеңиштерин камсыз кылып, колун баштап жүргөн бугу баатырларынын бири Канай болгон. Белектен Өмүр, Мырза жана Койке, арыктан Молдо, желдеңден Жанек, кыдыктан Намазбек менен Канай. саяктан Нурдөөлөт сыяктуу баатырлар нечен жолу Балбайдын жеңиштерин камсыз кылып, аны атак-даңкка бөлөшкөн.

      Балбай Алматыга айдалып бараткан жолдо:-“Аттиң, арман дүйнө, Жанек болсо жанымда, мындай азап түшмөк эмес башка”—деп оор үшкүргөн экен деп айтып жүрүшөт. Балбайды Алматыда түрмөгө камап, денесине уу сүйкөп кыйнашкан экен. Сыз жерде отуруп, эски оорусу кабылдап, начарлап, көрөөр күнү, ичээр суусу түгөнүп бараткан Балбайды пара берип жатып, Эшкожого кудалык жайы бар казак Деркембай ажыныкына чыгарып келишет. Балбай өз жерине жете албай, ошол жерде каза болот. Деркембай ажы көлгө кабар айттырып киши жиберет. Ал арада “өз ажалынан түрмөдө өлдү” делип акт түзүлүп, Балбайдын сөөгүн ооруканага алып барышып, сөөктү этинен ажыратып, атайын жасалган териге салып тигип коюшат.

      Балбай айдалганда анын баатырларынын бири арык тукумунан Молдо Байтөлө уулу да кошо айдалган экен. Орустар аны да Балбай менен кошо түрмөдөн чыгарышат. Ошол Молдо баатыр Балбайдын сөөгүн жөө көтөрүп Алматыдан Ысык-Көлгө алып келген экен. Балбай өлдү деген кабарды уккан кыргыздар анын сөөгүн алып келиш үчүн Алматыга аттап-тондоп кишилерди жиберишет. Молдо баатыр менен Түргөндөн жолугушуп, сөөктү атка өнөрүп, Сары-Булакка жеткиче өбөктөп өкүрүп келишкен экен. Балбайдын сөөгү Түптүн Сары-Булагына коюлган.

      Б.Солтоноев мындай деп жазат:-“Балбайды Алматыда өлтүргөн арык тукуму сабатар уруусунан Молдо баатыр Алматыдан жөө көтөрүп Түргөнгө келип, андан эки ат минип, Ысык-Көлгө көмгөн”. (Б.Солтоноев. “Кызыл кыргыз тарыхы” 2-китеп. Б., 1993, 64 бет).


                           САМСАЛЫ БИЙ ЖАНА КАНАЙ БААТЫР                                                                                                           (Мазмунга)

      Зарыпбектин кыйкымчыл, өкүмчүл өзүм билемдиги Тилекматтын да түбүнө жеткен. Ал жөнүндө каралоо кагаз жаздырып, өзүнүн мөөрүн басып, колуна кишен салдырып, Тилекматты да Верныйдын түрмөсүнө каматты. Зарыпбектин зордукчул аракеттеринен чочулап, мындан ары Каркырада тура берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептеп, Абдыраман туугандарын кайра Жуукуга көчүрүп келди, кыдыктын айрым үй-бүлөлөрү арык менен белектин арасында кала беришкен.

      Зарыпбектин тушунда деле Самсалыга каршы бугу төбөлдөрүнүн аракеттери улана берген. Бир жолу бугу элинин чоң жыйыны өтүп, жалаң эл бийлегендер топтолуп отурганда Самсалы менен Зарыпбек сөз талаша кетип, катуу чырдашып калышат. Самсалы башынан тартынбаган, өз оюна бекем турган кашкөй адам болгондуктан, Зарыпбек султандын колунда бийлик турганына карабай: --“Алдагы челектей болгон курсагыңды жарып, ичеги-кардыңды итке саламын”—деп бычагын сууруп чыккан экен. Экөөнүн ортосуна түшө калып, эл жакшылары ажыратып калышыптыр. Ошондо, Самсалынын сүрүнөн чочулаган Зарыпбек кийин деле ага батынып сөз айта албай, бирок ичинен кекенип, бугунун билермандарын ага каршы ачык да, тымызын да көкүтүүгө өткөн. Ушунун кесепетинен Самсалы бугу элиндеги кадырлуу, сыйлуу адам болгондугуна карабастан, аны менен бугу билермандарынын ортосундагы мамилеге терең жарака кетип, эми Самсалыга тиш кайрап, ага жамандык издеп, кыйкым табуу аракеттери күчөдү. Мындайда элдин эбин таап, ынтымак менен биримдикти туу тутуп, жайгарып келген Боромбайдын, Сарт акенин, Тилекматтын көздөрү өтүп, алардын орду жок экени даана сезилип турду.

      Атактуу Балбай баатырдын жакын жан-жөөкөрлөрүнүн бири, Боромбай султан ишенген баатырлардын бири Канай баатыр Койсойбос уулу кыдык уруусунда эле эмес, жалпы бугу элинде таасирдүү адамдардын бири болгон. Анын атасы Койсойбос бий Курумшу уулу өтө калыс, туура жүргөн адам болуп, Торгой уругун билгичтик менен башкарган экен. Ошол киши уулу Канайга:-“Балам, эрдигиң бар, эсиң жок. Эрдик да акыл менен болуу керек. Эссиздик өз башыңа тийип, түбүнө жетпесин”—деп айтчу экен. Көпчүлүк учурларда аларбармандыкка алдыртпай, аны тыйып коюп жүрчү экен. Табияттын мыйзамы эмеспи, Койсойбос бийдин да көзү өттү.

      Самсалы бий бүткүл кыдыкта таасирдүү болуп турганда ансыз деле баатырдык даңазасы бар Канай Самсалыга таянып өз билгенин жасап кирди. Эч ким ага баш көтөрүп, сөз кайтара албады. Самсалы да кой дебеди, тескерисинче Канайдын кээ бир кылык-жоруктарына көз жуумп, байкамаксан болуп, ал тургай каршылаштарына каршы Канайдын колдоосун да алып жүрдү.

      Самсалы бий менен Канай баатыр кыдык ичинде түбү бир. Торгойдун балдары. Самсалы Торгойдун Майназарынан болсо, Канай Беккулусунан болот. Канайдын өз заманынын эр жүрөк баатырларынан болгону тарыхта тастыкталып турат. Канай тууралу санжырада эле айтылбастан, бир катар тарыхый эмгектерде да жазылып, адабий чыгармаларда да чагылдырылган. Канайдын “эрдиги бар, эси жок” кылык-жоруктары тууралу 1-2 мисал келтире кетели. Кайсы бир жылы күзүндө эгин оруп-жыюу мезгили экен. Канай Барсконго келип калат. Кырманда бир нече киши арпа сапырып жатышкан экен. Салам-аликтен кийин Канай:--“атка жем илип койгулачы”.—десе тигилер: -“баатыр, чечкор кыла элекпиз”,--деп иштерин уланта беришет. Ошондо Канайдын бир заматта “шайтаны” кармап кеткен экен. “Чечкор кыла элек болсоңор, мен силерди чечкор кылайын”—деп ат үстүнөн туруп жети бапанын башын кыя чаап, эч нерсе болбогондой бастырып кете бериптир.

      Тууган ичинде боло берүүчү бир талаш-тартыштын айынан жакын тууганы Курман уулу Кенейди кылычтап өлтүргөн. Ал эми ары-бери өткөн кербендерди талап-тоноп, алардан салык алуу Канай үчүн кадыресе эле көрүнүш болгон.

      Зарыпбек жана анын тарабында турган билермандар Самсалы менен Канайдын ортосуна от жагып, алардын ынтымагын бузууга көп аракет кылышкан. Ар кандай ушак-айыңдарды таратып, экөөнүн тең көңүлүн кирдетишкен.

      Жуукунун ашуусундагы кыдыктардын кырылышы Самсалы үчүн абдан кыйын болду. Анын бугунун ичиндеги кадыр-баркына шек кетти. Бугунун билермандары ыгы келген жерде, келбеген жерде деле Самсалынын шагын сындырып: -“Бөлүнгөндү бөрү жейт деген ушул, элин бугудан бөлүп көчүрүп кетем деп, көгөрүп отуруп кыдыкты сарыбагыштарга кырдырып салды”--деп жалпы бугу элине жек көрүндү кылууга умтулушуп, “Самсалы баштаган кыдык уруусун бугу элинин уюткусун бузган бузукулар” деген суук сөздү таратышкан” (О.Сагымбаев. “Кыдык, Торгой жана Атакан” Б., 2003.54-бет). Акыры алар максатына жетишип, Самсалы менен Канайдын ынтымагы кескин начарлап кетти. Кыргызда атам замандан бери боло келген ичи тардык, бири-бирин көралбастык, тең тууганмын деп куру намыска алдырган текеберчилик жеңип кетип, эки ортодогу бузукулардын кесепетинен башынан бери келаткан мансапка, бийликке болгон кумарлануу алардын башын айландырды. Ошентип Канай азгырыкка алданып, Самсалыга каршы аракеттенүүгө өттү. Бул жерде жалпы кыдык уруусунун кызыкчылыгынан, элдин мүдөөсүнөн көрпенделик кызыкчылык бийик туруп калды.

      Мурда Самсалы бийге таянып, анын колдоосу менен өз билгенин жасап жүргөн Канай, эми тескерисинче Зарыпбектин тымызын колдоосуна ээ болуп, талоончулук иштерди жасоого өттү. Ошондой иштердин бири Кашкардан келген соода кербенинин тонолушу болгон. Канай жигиттери менен кербенди тоноп эле тим болбостон, кербенчилер да өлтүрүлүп, ким көрдү кылынган. Айтылуу Солтобай ырчы Токтоболот уулу Канай баатыр тууралу:

      --Кылычын кынсыз байланган,
      каракөйнөк Канай бар.
      Калтаарып сөз айта албайт,
      каарынан коркуп далайлар,--деп ырдаган экен.


                           БУГУЛАР ОРУС БИЙЛИГИНИН ТУШУНДА. ЧЫНЫБАЙ ЖАНА КЫДЫКТАР                                                                                                           (Мазмунга)

      Бугу билермандарынын ич ара ырксыздыгынан, ынтымагынын жоктугунан жана араздашуулардан орус бийлиги ийкемдүү пайдаланган. Орус бийлиги үчүн жергиликтүү элди башкарууда ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Султандык орун бугунун ичиндеги уруулардын башчылары үчүн бийлик, таасир жана мансап талашуунун булагына айланып, иш жүзүндө султандын (Зарыпбек Сасыке уулунун) орус төбөлдөрүндө эч кандай кадыр-баркы жок болгон. Балбай Эшкожо уулун жана Тилекмат Жылкыайдар уулун түрмөгө отургузуунун өзү эле Зарыпбектин эл арасындагы кадыр-баркынын төмөндөшүнө алып келген. Орус бийлиги 1866-жылы ноябрда султандык бийлик ордун жоюп, бир кыйла өлчөмдө анын милдеттерин аткаруу үчүн “Уезддин башкаруучусунун жардамчысы” деген кызматты киргизген. Бул кызматты адегенде Олжобай уулу Токсоба (арык тукумунан) аркалаган. Эми уезд башкаруучусунун жардамчысы болуп Чыныбай Тилекмат уулу келди.

      Тарыхый маалыматтарга кайрылсак, 1865-жылы октябрь айында Ысык-Көл өрөөнүндө алгачкы болуштуктар түзүлө баштаган. Болуштуктар уруу-уруулук негизде уюштурулган, Ошол кезде биз жогоруда белгилегендей, кыдыктын эки таасирдүү билерманы Самсалы бий менен Кангай баатырдын тирешүүлөрү уруу ичиндеги жиктелүүгө алып келди. 1857-жылы болгон Жуукудагы кандуу окуядан кийин Самсалы бийдин таасири төмөндөп, уруу ичинде Канай баатырдын таасири өсө баштаган эле. 1865-жылдагы маалымат боюнча анын карамагында 425 түтүн эл болгон. 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлгөн. Административдик аймактык башкаруунун алкагында бугулар төмөндөгүдөй тепкичтик башкарууда болгон: --Түркстан генерал-губернаторлугу — Жети-Суу областы—Ала-Тоо округу—Ысык-Көл уезди.

      Ысык-Көл уездинде 1867-жылы 7 болуштук уюштурулган:--Кең-Суу, Түргөн--Ак-Суу, Жууку—Барскон, Коңур-Өлөң—Ала-Баш, Күңгөй--Ак-Суу, Кара-Ой—Сары-Ой жана Тору-Айгыр. Бул болуштуктар 1965-жылда түзүлгөн болуштуктардан айырмаланып, жер-жери менен аймактык негизде түзүлгөн. Бул түзүлүш боюнча көлдүн тескейиндеги эл Коңур-Өлөң—Ала-Баш жана Жууку—Барскон болуштуктарына карап турган. Демек, кыдыктар да жашап турган аймактарына ылайык, бир азыраак бөлүгү Жууку—Барскон болуштугуна караган экен.

      Ысык-Көл өрөөнүнө орус бийлиги орногон алгачкы жылдарда эле шайлоо системасы киргизилген. Буга байланыштуу жергиликтүү бийликтин кызмат орундары болуп болуш башчысы, анын орун басары, айыл бийи жана айыл аксакалы эсептелишкен. Шайлоо элдин түздөн-түз катышып добуш берүүсү менен эмес, алардын жонунан дайындалган адамдар аркылуу өткөрүлгөн. Болуштук курултайда “элүү башылар” болуш башчысын, анын орун басарын жана айыл бийлерин үч жылдык мөөнөткө шайлашкан. Шайлоо уезддин башчысынын катышуусу менен өткөрүлүп, анын жыйынтыгы областтын аскер-губернаторунун буйругу менен бекитилген.

      1868-жылы 22-январда Коңур-Өлөң—Ала-Баш болуштугунун курултайында болуш башчылыгына Чыныбай Тилекмат уулу (белек Бирназар уругунан), орун басарлыгына Канай Койсойбос уулу (кыдык каракөйнөк уругунан) шайланышкан. Айыл бийлери болуп, №1 – айылга Самсалы Жалгап уулу, №2-айылга Кожомжар Тиленчи уулу, №3-айылга Омон Нияз уулу, №4-айылга Үкө Байтемир уулу, №5-айылга Карбоз Туума уулу жана №6-айылга Чоткара Сейит уулу шайланышкан. Демек, бул жерде көрсөтүлгөндөй айылда майда уруулардын жайгашуусуна ылайык номерленип белгиленген. Шайлоону Ысык-Көл уездинин башчысы подполковник Курковский өткөргөн.

      Ал эми Жууку-Барскон болуштугунун курултайында болуш башкаруучусу болуп Өмүрзак Боромбай уулу, орун басарлыкка Турсун Карыпбек уулу шайланган.

      Ысык-Көлдөгү бардык жети болуштукта өткөрүлгөн шайлоолордун жыйынтыгын 1868-жылдын 23-майындагы №57-токтом менен Жети-Суу областынын аскер-губернатору генерал-майор Г.А.Колпаковский бекиткен. Жогоруда ысымдары аталган айыл бийлерин эл өзү тандап, алардын кадыр-баркын сыйлагандыктан, ишеним көрсөтүп шайлап алышкан.

      Канай менен Чыныбайдын ортосунда бири-бирин көралбастык, жекече мүнөздөгү карама-каршылыктар болгон менен шайлоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, экөө тең бир чоң болуштуктун башында турган таасирдүү адамдар болуп калышкан. Албетте, бул жерде шайлоодо таш салган элүү башылардын добуштары чечүүчү мааниге ээ болгондугу көрүнүп турат. Көлгө орус бийлигинин келишин айрым бир таасирдүү адамдар сыяктуу эле Канай баатыр да жактырган эмес. Бирок, Канайды колдогон кыдыктын элүү башыларынын добуштары баары бир Канайдын болуштун орун басарлыгына келишин шарттаган. Демек, мындай кырдаалда орус бийлигине карата көзү түз болбосо да. Канай бул бийликке кызмат кылууга аргасыз болуп, эми Чыныбай менен кызматташууга өткөн.

      Болуш башчысы болуп шайлануу менен бирге Чыныбай уезд башчысынын жардамчысынын милдетин да аткарып, бийликтин “эки тизгин, бир чылбырын” колуна алган. Ошол мезгилде дале болсо бугу манаптарынын ортосунда ынтымак болбой, ич ара араздашуулар уланып келе жаткан. Бул айрыкча белек жана кыдык урууларынын таасирдүү адамдарынын арасында Орусия бийлигине карата бирдей көз караштын жоктугунан болгон. Айрым уруу билермандары орус бийлигин колдосо, айрымдары тескери пикирде болушкан. Ошол себептен белек ичиндеги айрым уруктар жана кыдык уруусу бүтүндөй “тынч жүрбөгөн эл экен” деп орус бийлигине, айрыкча Чыныбайга жаккан эмес.

      Зарыпбектин тушундагы Самсалы менен Канайга карата тымызын от жагуу аракеттери Чыныбайдын тушунда ачык эле жүргүзүлүп, бул экөөнү ар кандай жолдор менен жергиликтүү бийликтен четтетүү максатында бир катар айла-амалдар колдонулду. Мурдатан бери келаткан Канай менен Самсалынын ортосундагы пикир келишпестикти мындан ары тереңдетип, Чыныбай Самсалыга карата аракетин күчөтүп, Канайды курал катары пайдаланды. Самсалыны көрө албай, ага ичи чыкпай жүргөндөр үчүн бул абдан керек болчу. Ошентип Канай бузукулардын тилине кирип, Самсалыга каршы иштөөгө өткөн. Чыныбай болсо “бир ок менен” Самсалыны да, Канайды да жайлап, кыдык уруусун башсыз калтырып, андан кийин туш-тушка чилче таратып, уруу катары жашоосун токтотууну көздөп турган.

      Тууган ичинде күбүр-шыбыр ушак- айың көбөйүп, бирин бири аңдуу, ич күптүлүк, талаш-тартыш күчөп бараткан күндөрдүн биринде айыл кыдырып өз алдынча соода кылып жүргөн бир сарт соодагер киши колдуу болуп, төөсү, жүктөлгөн буюм-тайымы менен жок болуп кетет. Аны ким өлтүргөнү белгисиз болуп, издөөдөн майнап чыкпайт. Арадан 5-6 ай өткөндөн кийин жоголгон төөнүн чому Самсалынын айылынын чет жакасынан табылып калат. Эми, Самсалынын каршылаштары үчүн ыңгайлуу учур келди. Чыныбайдын көкүтүүсү менен Канай Самсалынын үстүнөн уезд башчысына арыз жөнөтөт. Териштирүү жүргүзүлүп, төөнүн чому буюм түрүндөгү далил болуп, Самсалы жана жакын туугандары Ниязбек уулу Үрүс, Чыныбек уулу Казыбек баш болгон бир нече адам камакка алынат. Мурунтан эле Самсалыга ич күптүсү бар Канай Чыныбайдын колдоосу менен Самсалыга каршы көрсөтмөлөрдү берип, Караколго байма-бай каттап, тергөөчүлөргө пара берип жатып Самсалы менен Казыбекти Верный (Алматы) шаарына айдаттырып жиберген. Экөө түрмөгө отургузулуп, калгандары акталып чыгышкан.

      Баш ийип, моюн сунбаган жергиликтүү элдин көрүнүктүү адамдарын түрмөгө отургузуп, аларга уу берип өлтүрүп, анан өз ажалынан өлдү деп кортунду чыгарып койгон ошол кездеги түрмө башчыларынын орус бийлигинин буйругун аткаруудагы көп колдонгон ыкмасы болгон. Самсалы менен Казыбекке да ушул ыкманы колдонушкан. Уу берип жатышканын сезип калган Самсалы Казыбекке астыртан ичпе дегендей белги берет. Түрмөдөгүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруп, Казыбекти калкалоо максатында Самсалы ууланган тамакты ичип алат. Кырдаалды түшүнгөн Казыбек тамактын коюусун табактын түбүнө калтырып, суюгун жеңине куюп жиберет. Ууланган Самсалы эки күндөн кийин түрмөдө өлдү. Казыбек бошотулду. Самсалынын сөөгүн туугандары төөгө жүктөп алып келишкен. Сөөктү коюу зыйнатынын башында суксур Абдыраман туруп, көп элдин катышуусу менен Самсалы Оргочор менен Мундуздун ортосундагы адырдын этегине коюлат. Арадан көп өтпөй денеси ууланып калган Казыбек да дүйнө салган экен. Анын сөөгү Самсалынын жанына коюлуптур. Самсалынын өлүмү кыдык уруусу үчүн чоң жоготуу болду. Уруунун кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон, тайманбас, чечкиндүү жана намыскөй журт башчысынан ажыраган.

      Чыныбайдын атасы Тилекмат жөнүндө көп эле айтылып, жазылып жүрөт. Ал киши бугу элине ак дилинен кызмат кылып, нечендеген кыйын, кысталыш учурларда бирде Коконго, бирде казакка, бирде кытай тарапка барып элчилик кылып, айлакерлиги, тапкычтыгы, тайманбастыгы жана чечендиги менен ишти жайгарып, бугунун пайдасына чечип келген. Билермандыгы, жөн билги калыстыгы менен калың бугуга алынып, эл ага даанышмандыктын улуу даражасын – “Аке” деген наамды берген. Көлдүк айтылуу акелердин бири болгон.

      Эл ичинде “жөнтөгү да, тентеги да болот” дегендей, бугу аткаминерлеринин арасында да Тилекматты жактырбагандар болгон. Атасы Жылкайдар Бирназар бийдин асырынды баласы болгондуктан, айрым көрпенде аткаминерлер Тилекматты “жетесиз кул“ дешип, ушундай көралбас ич тардыктан аны Зарыпбек султан кезинде Алматыга айдатып, түрмөгө отургузушкан. Тилекмат бошоп келгенден кийин түрмөнүн залдарынан оңоло албай жүрүп, 1863-жылы көз жумат.

      Бугунун билермандары Чыныбайдын уезд башчысынын орун басары болуп дайындалганына дагы көралбастык кылышкан. “Тексиз кул” төбөгө чыкмак беле дешип, аны жаманатты кылып, кемсинтүү аракеттерин көрүшкөн. Тээ, бала кезинен бери эле, Чыныбайга “тексиз кул” деген сөз жармашып, ушул сөз анын көкүрөгүндө кек болуп, уюп калган. Эми, чексиз бийлик колуна тийгенден кийин Чыныбай мурдатан эле ич күптүсү бар адамдарга чабуулун баштаган.

      Самсаалыдан кийин Чыныбай Канай баатырга кастарын тикти. Чыныбай ,,Мен каракөйнөк Канайдан корком, себеби анын эки ийининде эки шайтан ойноп турат”- деп айтчу экен. Чыныбайдын орус бийлигинин күчүнө таянып алып өзүнө карата кылган кысымчылыгы, зордук – зомбулуктарынан кийин бир кезде Чыныбайга колдоо көрсөтүп жүргөн Канай андан тап-такыр көңүлү калып, кылган иштерине өкүнүп, арман кылган экен.

      Чыныбай жана анын кошоматчылары Канайга ар кандай жалааларды жабышып, аны жаманатты кылган ушак-айыңдарды таратышкан. Бул аракеттер аз келгенсип, Канайды эл-журттан четтетип, күч менен Сүттү-Булакта турган айылынан көчүрүп, Ак-Терекке барууга аргасыз кылган.

      О.Сагымбаев Саруу айылынын тургуну Курман уулу Кулмамбеттин кол жазмасынан үзүндү келтирет:-“Тилекматтын уулдары Алымбай, Серкебай баш болгон жоон топ адам Сүттүү-Булактын оозунда (Куу-Дөбөдө) отурган каракөйнөк Канайга жөнөшөт. Булар менен кошо Чыныбай жана анын жигити Ботокан да барат. Алар барган учурда Канай Куу-Дөбөнүн дөңүндө кылычын кайрап отурган экен дейт. Тору жорго минип келаткан Чыныбай топтун алдына чыгып, саламга келбей эле төбө талаштыра басып-басып алганда Канай ордунан обдулуп Чыныбайды аттан оодара тарта турган болот. Ошондо Ботокан атынын чылбырын Канайдын мойнуна ыргытып, дыркыратып сүйрөп жөнөйт. Муунуп, көгөргөн Канайды тургузуп, Сүттүү-Булактын суусун ары-бери үч жолу жөө кечирип сабашат. Аларды Эсенамандын уулу Иманкул келип ажыратат. Катуу жеген таяктын залдарынан Канай көпкө чейин оңоло албай, оозу бир жагына кыйшайып калат. Бул окуя бат эле көлдүн айланасына тарап, адам баласы тик кароого даабаган Канайды сабап, шайтанын күбүптүр деп Чыныбайдын даңкы чыгат. (О.Сагымбаев. “Кыдык, Торгой жана Атакан”. Б.,2003. 57-бет)

      Ошентип, Ак-Теректе жашап туруп, өтөлгөлүү да өкүнүчтүү да өмүрүнө арман кылып жүрүп. кайран Канай баатырдын көзү жумулган экен. Анын сөөгүн Ак-Терек менен Кичи-Жаргылчактын ортосундагы дөбөчөгө жалгыз койдуруп, бейитин жылан ордолоп калды деп жалган сөз таратышкан экен. Ошол күндөн ушул күнгө чейин жанына башка сөөк коюлбай Канайдын мүрзөсү жалгыз турат дешет.

      Чыныбайдын эркине көнбөй моюн сунбаган кыдыктын айрым мыкты жигиттерине да катуу чаралар колдонулган. Буга мисал катары Алыбай Көтөн уулуна байланыштуу окуяны айтсак болот.

      Кыдык ичинде Куржундун кичүү аялынан Ырыс менен Бейшебай. Ырыстан Байкиши, анын үч уулунун бири Көтөн. Ошол Көтөндөн Алыбай жалгыз уул болгон экен. Байкишинин уулдарынын бири Атамбек жүдөөнүн байы болгон экен. Күндөрдүн биринде Чыныбай союш үчүн бир жылкы берсин деп Атамбекеке жигиттерин жиберет. Атамбек:

      --“Жылкыны 3-4 күн мурун эле Сырт ашырып жибердик эле, колдо ылайыктуу мал жок эле”,--деген жоопту берип, жигиттерди куру кол узатып жиберет. Жигиттер:

      --Атамбек семиз малын аяп, Чыныбайга союш жокпу, менден башка кыдык калбай калыптырбы деп бербей койду,--деп жалган айтып келишет. Буга ачуусу келген Чыныбай:

      --Атамбекти кара короо кылып короосундагы малын айдап келгиле,--деп жигиттерине дагы киши кошуп кайра жиберет.

      Атамбектин малын айдап кеткени жатат дегенди угуп Алыбай 4-5 киши менен бирден союлду такымдарына кыстарып, Атамбектикине чаап келишет. Ат үстүндө чабыш болуп, Чыныбайдын жигиттерин кызыл камчыга алып, шылып жиберишет. Ачуусу келген Алыбай:,--“Кул эсирген экен, семиз жылкынын майын чайнагысы келсе, жанындагы орустун доңузун союп, майынан чайнай бербейби”,-- деп, жигиттерди эси-көөнүнөн кеткис кылат.Бети-башы жарылып, кызыл-ала болуп таяк жеген жигиттери кайра келишет. Чыныбай буга чыдамак беле, Караколдон солдат алдырып, Алыбайды карматып кетет. Караколдун түрмөсүнө каматып, андан көп узабай эле Верныйга (Алматыга) айдатып жиберет. Айдоодо жүрүп, өтө тың жана чыйрак Алыбай улуктардын ичи-койнуна кирип, кызматын кылып, аларга жагып, ишенимине ээ болуп, айдоодон куткарылсын деген кагаз алууга жетишет. Беш, алты ай ичинде орус тилин да үйрөнүп алат.

      Губернатордун канцеляриясында иштеген кызматкердин үйүндө жашап жүрүп, ошону ортого салып жатып, “Көтөнов Алыбайга эч ким тийишпесин” деген маанидеги кагазды алып, көлгө аман-эсен кайтып келген экен. Ошол мезгилде эл ичинде:

      Карача, Торгой, Алыбай,
      Алматы бардың талыбай.
      Аңды-дөңдү санабай,
      эки жагың карабай,
      сенин кармашканың Чыныбай, --деген жамак кеп тарап кетиптир.

      Күндөрдүн биринде Алыбай айдоодон келиптир деп угуп Чыныбай алы-жайын сурап коёюн деп Алыбайга жолугат. Чыныбай шашпай отуруп, жай сүйлөшөлү десе, Алыбай:--“Сага окшогон бир чырмам чийге сатылып келген кул сөздүн баркына жетмек беле, сени менен сүйлөшпөйм”—деп бастырып кетиптир. Демек, көп жерде, көпчүлүк учурларда бугунун тың чыкмалары Чыныбайга болоор-болбостон эле “тексиз кул” деген сөздү жармаштырып, анын беделине шек келтиришкен. Бул да болсо кыргыздын канына сиңип калган көралбастык, ич күйдүлүк сыяктуу көрпенделиги болсо керек. Болбосо, Чыныбай эле эмес, анын ата-бабалары Тилекмат, Жылкайдарлар Бирназар тукумдары болушуп, өздөрүн бугубуз деп эсептешип, бугунун “ысыгына күйүп” келишкен. Чыныбай деле көлдө туулуп, киндик каны таамп, көлдө өсүп жетилип, накта бугу болуп калгандыктан жалпы бугу эле эмес, бүтүндөй көл элин башкарып тургандыгын тарых тастыктап турат. Бирок, анда да кыргызга таандык көрпенделик адаттары бар эле. Ошондуктан Чыныбай көлдөгү орус бийлигинин чоң, абройлуу аткаминери болгондугуна карабастан, калыстыктан тайып, жалпы элге тең карабастан, “майда белектер” менен кыдыктарга болгон арам оюн ишке ашырууну уланта берди.


                           ТОКСОБА АБДЫРАМАН УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      1873-1876-жылдарды өз ичине камтыган үч жылдык мөөнөткө ошол кездеги Жууку болуштугунда шайлоо өткөрүлүп, болуш башчысы болуп Өмүрзак Боромбай уулу, (белек, Бекмурат уруусунан), орун басары болуп Токсоба Абдыраман уулу (кыдык суксур уруусунан) шайланышкан. Ушул эле шайлоодо №1-айылдын бийи болуп, Арыстанбек Буйлаш уулу, № 2-айылдын бийи болуп Тынай Кудайбакты уулу, №3-айылдын бийи болуп Сулайман Берикбай уулу, № 4-айылдын бийи болуп Ырыскулу Кадыке уулу, № 5-айылдын бийи болуп Доскулу Алыке уулу, № 6-айылдын бийи болуп Абдыке Байманке уулу жана № 7-айылдын бийи болуп Өмүр Амандык уулу шайланышкан. Ал кездеги болуш, бийлер, ыстарчындар эл-журттун камын ойлогон, адилетүү, калыс, кадыр-барктуу адамдар болушкан. Өз айылдарында эле эмес жалпы кыдык уруусунда акылы, калыстыгы менен эл кадырлоосуна ээ болушкан, мурунку жана кийинки бийлер, Койсойбос бий Курумшу уулу, Самсалы бий Жалгап уулу, Борсук бий Шералы уулу, Карбоз бий Туума уулу, Обонбай бий Байгозу уулу, Жамгырчы бий карбоз уулу, Орунтай бий Табылды уулу, Берикбай бий Атантай уулу, Элчибай бий Чынгыш уулу, Жайнак бий Супатай уулу, Бактияр бий сыяктуу эл башчыларынын ысымдары элдин эсинде сакталып, муундан муунга айтылып келет.

      Жуукуда болуш башчысынын орун басары болуп шайланган Токсоба Абдыраман уулу жаштайынан элге алынган. кичи пейил, кайрымдуу жигит болуп жетилип, “атанын уулу” деген сыймыктуу атка өспүрүм кезинде эле ээ болгон. Ат жалын тартып мингенден баштап эле эл аралап, журт тагдырын чече турган иштерге эрте аралашып, кыдык эле эмес, жалпы бугуга таанымал боло баштаган экен.

      Айтылуу Абдырамандын Токсоба, Эсенгелди, Жунуш деген үч уулу болуп, үчөө тең өз заманындагы белгилүү инсандар болушкан. Эсенгелди тууралуу улуу муундун өкүлдөрү көп жакшы эскерүүлөрдү айтышаар эле. Ал киши колунда бар, мал жандуу, ошого жараша атасы өңдөнүп берешен, жоомарт, колунда жоктордон аянбаган, кайрымдуу болуптур. Эсенгелди жана анын айрым замандаштары жөнүндө эл ичинде төмөндөгүдөй кеп түрмөгү бүгүн да айтылып келет:

      -“Эсенгелди, эр Жайнак,
      төрт түлүк малы жер жайнап.
      Согумга чүйгүн сойдуруп,
      Казы-карта, жаяга,
      Кем багалды тойдуруп.
      Кышкысын кыштоо жакалап,
      Жайкысын салкын төр жайлап.
      Кымызга суусун кандырып,
      Кыркалекей бээ байлап.
      Эсенгелди бийдин тушунда,
      Эселеп өстүк ушунда.
      Берикбай бийдин тушунда,
      Берди кудай ушунда”.

      Абдыраман уулу Жунуш бала кезинде медреседе окуп, кат-сабаты жоюлган, туура сүйлөп, түз жүргөн, калыс, ошол эле учурда билимдүү адам болгондуктан жергиликтүү эл башчылар менен атка минерлер ал кишиден кеп кеңеш алып турушчу экен. Жунуш мекеге барып зыярат кылып келген кыдыктардын арасынан чыккан алгачкы ажылардын бири болуп, мунун өзү да ал кишинин көл айланасындагы белгилүү адамдардын бири болушун шарттаган.

      Ал эми, Токсоба биз жогоруда белгилегендей жаш болсо да бугу ичинде төбөсү көрүнгөн, эл баштаган инсан, камчыга сап жигиттердин бири, анан дагы көзгө атаар мерген болуптур. Токсобанын мергенчилик өнөрү тууралуу санжырада айтылып жүргөндөрдөн азык оолак кеп кылалы. Токсоба көзгө атаар мергендиги менен көл элине эле эмес, солто, саяк, сарбагыш, ал тургай казактарга чейин таанымал болгон. Абдыраман баласынын мергенчиликке болгон ынтызарлыгын баамдап, Анжиянга мал айдатып, соодалап, кокондон мылтык алдырып келип берет. Токсобанын айтылуу “Акбараң” деген мылтыгы ушул. Атасы мындан тышкары уулуна күлүк ат энчилейт, Токсобанын “Сүткызыл” аталган айтылуу күлүк бууданы ушул. Анын артыкчылыгы кууса куткарбаган, качса жеткирбеген, тоо-ташта маш, жат десе жатып, тур десе турган элпек жүрүшү бар, карагай чердин ичин тайганча аралаган сапаты бар экен. Эл ичинде Токсобанын бир жолу элүү бугуну атып алгандыгы жөнүндө уламыш бар. Бул окуя сырт бетиндеги Тарагай деген жерде болгон экен. Бугу, маралдар кечки салкында жайытка чыгып оттойт. Токсоба жигиттерин айдак менен тозотко коюп, өзү Сүткызылга минип, чылбыр тизгинин ат мойнуна түрүп коюп, акбараңды октоп, бугу, маралдарды көздөй чаап жөнөйт. Аттын оозун бош кое берип, чаап баратып үрккөн бугуларды атып жүрүп отурат. Айдакчылар айдап, тозотчулар тозуп, бугу марал ары бери качып, карагайдын ичи акбараңдын үнүнө тунуп жатып калат. Сүткызыл да ээси кайсы тарапка эңкейсе, ошол тарапка бурулуп, түз отурса бир багытта чуркап жүрүп отурат. Кеч кирип, көз байланганда атуу токтойт. Атылган бугуларды эртеси жыйнап алалы дешип, от жээгинде отурушканда Токсоба: “-Менин окчонтоюмда алтымыш ок бар эле, сегизи калыптыр. Алдымдан чыккан бугунун экөө марал экен. Аларды аяп тийгизбей аттым эле. Ошондо мен канча окту таамай аткан болом”-деп жигиттерге суроо салыптыр. Алар ойлоно калышып: “-Элүү ок атыпсыз, баатыр”-деп жооп беришет. Эртең менен атылган бугуларды жыйнап келип санашса, туура элүү бугунун саны чыккан экен.

      Токсобанын жашы кырктын кырына барып калган кези экен. Иле боюнда бир казактын ашы болуп, ага Абдыраман баш болгон кыдыктар да чакырылат. Бектиян, Кудайырбек. Абылай, Селим, Ыманбек, Чыны сыяктуу билермандарды Атакан, Токсоба, Алматай, Алыбай сыктуу жаштар коштоп барышат. Ашка казак, кыргыз, уйгур, калмак болуп түмөндөгөн эл келип, ат чабыш, эр сайыш. эр оодарыш. балбан күрөш сыяктуу мелдештер болуп өтүп, кезек жамбы атууга келгенде бул мелдешке катышууга башка аткычтар менен бирге Токсоба да чыгат. Бийиктиги 7-8 кулач келген, эки устунга кере тартылган арканга ичке жибек жип менен, ар биринде беш жүздөн күмүш акча салынган эки жамбы илинип коюлган экен. Ким жамбынын ичке жиптен турган танабын үзө атса жамбы ошонуку болот деген шарт коюлуптур. Токсоба элден бата алып аттанып жатканда, Абдыраман: “-Балам, жамбынын бирөөнү эле ат. Экинчисин ата көрбө. Ушуну эсиңе ал” – деп эскерткен экен. Ар кайсы элден келген мен мыктымын деген аткычтардын бирөө да аталбай коюшканда акыркысы болуп Токсоба келет. Калыстар тобуна келип “жамбыны чаап баратып, ат үстүнөн атамын” дегенде жыйналып турган эл ишене беришпейт. Калыстардын макулдугун алып, Токсоба үч сапар жамбынын ар жак бер жагын байкап, жорго жүрүш менен айланып өтөт. Өлчөөсүн алган соң, акбараңын октоп, Сүткызылдын оозун бош кое берип, чаап жөнөйт.

      Ат үстүндө баратып, бир жамбыны атып түшүрөт. Элдин кыйкырык сүрөөнү кулак жарып, мелдештин кызуусуна берилип кеткен Токсоба кайра тартып келатып, экинчи жамбынын жибин да кыя атып салган экен. Ошондо, уулунун ар бир кыймылын көз албай байкап турган Абдыраман: “-Аттиң ай, ээ! Экинчисин атпай эле койсоң болмок, чунагым. Бекер кылбадыңбы” – деп ичи өрттөнүп, ушунча элдин көзү тийип калбасын деп чоочулаган экен. Дүркүрөгөн элдин кыйкырыгы ого бетер күчөп, Токсоба жерге түшкөн эки жамбыны тең ат үстүнөн эңип алып, өз тобуна кубанычтуу кайтып келет. Ушул эле аштагы аламан байгеде Бектияндын күлүгү чыгып келет. Байгеге жүз жылкы сайылган экен, ошону астыга салып, дүркүрөтө айдап, Абдыраман баштаган кыдыктар аштан жолдуу кайтышат. “Элдикин элден аянмак белек” деп жол бою Абдыраман сураганга да. сурабаганга да соогат деп бирден жылкы таратып жүрүп отуруп, Караколдун суусун кечээрде айдап келаткан жылкыдан бирөө да калбай калган экен. Бектиян да абдан ичи кенен киши экен, Абдыраманга кой деп койбой, байгеге алган жылкыларды меники эле дебей кошо таратып, жоомарттыгын көрсөтүп жүрүп отуруптур. Байгеге алып, айдап келаткан жылкы түгөнгөндөн кийин үйүңөргө куру кол барат белеңер деп Абдыраман аба аштан келаткандарга Токсобанын жеңип алган миң күмүш тенгесин да таратып бериптир.


                           КЫДЫК ЖАНА БЕЛЕК УРУУЛАРЫНА КАРАТА КЫСЫМЧЫЛЫК. БООРСУК БИЙ                                                                                                           (Мазмунга)

      Мурда жогорку органдар тарабынан дайындалып уезд башчысынын орун басары болуп келген кызмат орду эми шайлоо аркылуу аныкталмак болду. Ошондуктан, орус бийлиги тарабынан уезд башчысынын орун басарын шайлоо жөнүндө мыйзам чыгарылат. Бул уезд башчысынын жардамчысы болуп турган Чыныбайды абдан чочулаткан. Айрым бугу билермандарынын, айрыкча кыдыктардын таасирдүү адамдарынын Чыныбайга көзү түз эмес эле. Чыныбай менен Канайдын ортосундагы карама каршылык күчөп отуруп, акыры ачык эле элдешпес абалга чейин өсүп жеткен.

      Орус бийлигине таянып алып, Чыныбайдын Канайга көрсөткөн кысымчылыгы кыдыктардын нааразычылыгын күчөткөн.

      Самсалынын түрмөдө өлтүрүлүшү да орус бийлигине карата элдин ишенимине доо кетирген. Алдыда боло турган шайлоодо кыдыктардын өкүлдөрү Чыныбай үчүн добуш бербейт эле. Буга көзү жеткен Чыныбай шайлоо тууралуу кара таман калктын эч кандай кабары жок жатканда, алдын-ала эле кыдыктардын элүү башыларын шайлоого катыштырбаш үчүн аларды тизмеге алдыртпай, тескерисинче көлдүн туш тарабындагы болуштуктарга бөлүп-бөлүп тизмелетип, чачыратып жиберүүгө катуу аракет көрө баштады.

      Келечектеги шайлоодо кыдыктардын ордуна башка уруулардын элүү башчыларын тизмеге алууну ойлоп, Чыныбай көл айланасындагы элдин арасында жүргөн айрым майда киринди урууларга ишенимдүү кишилерин жиберип, тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт. Өзү да көлдөгү дөөлөстөрдүн бийи Эшмамбетке, саруулардан Мамажанга, мундуздардан Жайылканга барып, алар менен сүйлөшүп, макул болсоңор бириндебей чогулуп келип жашагыла, силер үчүн туруктуу жер, жайыт бөлүп берейин деп, убада кылып, шайлоо тууралуу оюн билдирип, добуш алуу үчүн бир кыйла кол топтоо керек экендигин ачык эле айткан. Ушундан кийин, Чыныбайдын убадасынан үмүт кылган билермандар көлдүн ар кайсы жеринде бирин-серин чачырап жүрүшкөн уруулаштарын Жети-Өгүзгө чогултуп келе башташкан, башка Чүйдө, Нарын, Ат-Башы, Кочкор тарапка чейин барышып, аларды көлгө көчүп келүүгө көндүрүшкөн.

      Мына ошентип, бугулардын жерине, тактап айтканда, кыдыктар жашаган аймактарга саруу. мундуз, дөөлөс, коңурат, кытай. черик урууларынан турган топторду көчүрүп келүү иши башталган.

      Булардын ичинен саруулар илгери Бердике баатырдын тушунда эле көлгө келип туруп калышкандыгын айта кетүүбүз керек.

      Муну менен катар, орус бийлиги Ысык-Көлдүн айланасын картага түшүрүү иштерин баштап, картографтар менен топографтар кыдырып жүрүштү. Чыныбайдын өзүнүн жеке кийлигишүүсү менен чийилип жаткан картадан кыдык уруусу өчүрүлүп ташталып, ал картага кирбей калган. Карта деген эмне экенин билбеген караңгы эл бул жерде дагы шайлоо тизмеси сыяктуу эле эч нерседен кабары жок кала берген. Айрым көчүп келүүгө макул болбогондорду Чыныбай куралдуу аскер жиберип, коркутуу менен көчүп келүүгө мажбур кылган. Мына ушулардын натыйжасында, шайлоодо Чыныбай үчүн жетишерлик кол топтолуп, ал уезд башчысынын орун басары болуп шайланууга жетишкен.

      Берген убадасын ишке ашырып, Чыныбай Жети-Өгүзгө келип топтолгон киринди урууларга жер бөлүштүрүп берүүнү баштады. Мурда түзүлгөн тизме боюнча кыдыктар ар кайсы болуштуктарга күч менен көчүрүлө баштады. Айыл айылдарга Чыныбайдын адамдары куралдуу орус солдаттарын кошо ала келип, камчы үйүрүп, мылтык такап, элди туулуп - өскөн жеринен айдап чыгып салышты.

      Кыдыктардын башына жоо чаппай эле оор мезгил келип, ар кайсы жерге чачырап, туугандар бири биринен алыстап, торгой, торгой ичинен жаанбай, жаанбай ичинен ажырап дегендей, кыдыктын ар бир ата уругу мүшкүлдүү тагдырга туш болушту. Жуукунун оң жээгиндеги жана Капчыгайдын оозундагы көл жээгине чейинки Абдыраман башчылык кылган суксурларга тиешелүү жерлер Мамажан бийлеген сарууларга тийди. Кыдыктардын батышы Жууку суусунун оң жээгинен (сол жээги желдеңдерге тиешелүү болгон) чыгышы Жети-Өгүз суусуна чейинки жерлери ой тоосу менен ар кандай себептердин айынан өз эли, өз жеринен ооп келишкен саруу, дөөлөс, мундуз, черик, кытай, коңурат урууларынан келгендерге берилип, алардын тукумдары азыркы күнгө чейин Кызыл-Суу, Чоң –Кызыл-Суу, Ак-Дөбө, Жалгыз Өрүк, Аң-Өстөн, Бозбешик, Шалбаа, Светлая Поляна өңдөнгөн айылдарда жашап турушат.

      Кыдыктарды жети болушка бөлүп чачыраткандан кийин, келечекте аларды Ат- Башыга көчүрүп жиберүү мерчемделген.

      Эми, Чыныбай чалманы белек тукумдарына салмак болду. Уездин башчысына белектердин илгери орус экспедициясынын Турпан менен Кулжага бараткан сапарын үзгүлтүккө учураткандыгы, Балбайдын орус бийлигине каршы жүргүзгөн күрөшү, анын Текесте жатып алып орус отрядын кырып салганы, Зарыпбектин жаңыдан бутуна тура баштаган орус бийлигине каршы жергиликтүү элди тукуруп, кайраштырып, чагым салгандыгы тууралуу өткөндөгү жаранын оозун тырмаган маалыматтарды берип, аны бышы кулак кылып, кыскасы орус бийлигинде белек уруусуна анын учурдагы билермандары Зарыпбек, Өмүрзак, Чоңкарач жана Кулунчакка каршы терс пикирди жаратууга аябай эле аракет кылган. Бул биринчиден, Чыныбайды “тексиз кул” деп атап, аны теңсинбей жүргөн белектин билермандарынын белин сындыруу, экинчиден атасы Тилекматты түрмөгө отургузганы үчүн өч алуу болгон. Кантсе да, кыдыктарды чачыратуу, анын артынан белектерди жер оодартып, көчүрүп жиберүү менен Чыныбай келечекте өзүнө тең келе турган, башынан түптүү, салмактуу, абройлуу делинген бугунун билермандарынын таасиринен биротоло кутулуп, жогору жактагы орус бийлигинин Ысык-Көл эле эмес, андан сырткары аймактардагы өтө таасирдүү өкүлү болгусу келген. Чыныбайдын мындай ишке бел байлашы Кеминдеги Шабдандын аброю менен таасиринин улам өсүп бараткандыгы да себеп болгон. Мындан кийинки убактардагы Чыныбай менен Шабдандын тымызын да, ачык да тирешүүсү тууралу элге кеңир белгилүү болгон, эл ичинде аңыз кеп болуп айтылып келаткан санжыра-тарых окуялары мына ушуга байланыштуу келип чыккан.

      Чыныбай тарабынан болгон кысымга чыдабаган белектин Бирназар уулунун тукумдары көп кыйынчылык тартып Текеске сүрүлдү. Чоң Карач менен менен Өмүрзак баштаган белектер Ат-Башыга көчүүгө аргасыз болушту, бул экөө Ача ашуусун ашып, Ат-Башынын Көк-Күмбөз деген жайлоосуна келишти. Алардын ою боюнча Өмүрзак ушул жерде орустардан сырткары эркин бийлик жүргүзүү болгон. Эл башына түшкөн кордукту өз көзү менен көргөн Алдаш Молдо Жээнике уулу минтип жазган экен:

      -Бугуну тууду маралдан,
      буластаган Чоң Карач.
      буулугуп көчтү Аралдан.
      Өмүрзак көчтү Чычкандан,
      дүнүйөсү кыскандан.
      Аз көчпөдү, көп көчтү,
      Өмүрзак, Карач эки дөө,
      Ата-Башыда көп черик,
      аким болом деп көчтү.
      Теңдигин черик берчү эмес,
      Ат-Башы арзан жер эмес.
      Масейил оңой бел эмес,
      эки чоң сага суратчу,
      черик арзан эл эмес,
      чериктен чыккан Эр Матай,
      сага сурак берчү неме эмес.
      Эгин салаар жериңди,
      казак-орус алдыбы?
      Жердеп жаткан журтуңуз,
      каңгырап куру калдыбы?
      Азар көрдү калың журт,
      Чыныбай деген тентектен.
      Кош аман бол, жаныбар,
      айрылып көчтүк Челпектен.
      Жер соорусу Жети-өгүз,
      же коштошуп кетебиз.
      Жети-Өгүз үстү чаң болду,
      жебирейил укурук,
      жеткен жерге даң болду.
      Менин айткан сөзүмө,
      манчыркаба уруктар.
      башыңда турган улук бар.
      Хан Чыныбай мамошник,
      калк чогултуп не көчтүк?
      Тилекматтын Чыныбай,
      Жети-Өгүздү жердеди.
      жети аталуу байга окшоп,
      Кызыл-Суу, Жууку, Чычкандан,
      ыйлап көчтү элибиз,
      Чыныбай журтту кыскандан.
      Үч Жаргылчак, Ак-Терек,
      айтып, айтпа не керек.
      Барскон, Тамга аман бол,
      Тосор менен Кекилик,
      ажырай көчүп калганга,
      айрылдык деп шекидик.

      –(Кыргыз поэзиясынын антологиясы Б.,1998.1-том.719-бет).

      Эми, бир аз артка чегинип, мындан чейрек кылым мурда болгон айрым окуяларга кайрылып көрөлү. Ал мезгилде кыдык уруусу Жууку суусунун оң жээгинен Жети-Өгүз суусуна чейинки аймактарда бугунун белек жана желдең уруулары менен жамаатташ болуп, ээн-эркин турмуш кечирип жаткан эле. Орус окумуштуу-саякатчысы С.П Тянь-Шанский жана анын экспедициясынын курамында келген Чокан Валиханов Ысык-Көлдө болушуп, ошол кездеги бугу уруусу тууралу көп маалыматтарды жыйнашкан. Ч.Валиханов өзүнүн күндөлүгүндө бугу уруусунун Алсейит бөлүгү алты уруктан турарын белгилейт:

      Боор -- 400 түтүнгө чейин Бапа -- 300 түтүнгө чейин, Белек—500 түтүнгө чейин, Кыдык—1750 түтүнгө чейин, Желдең – 1000 түтүн, Арык -- 2500 түтүнгө чейин.

      Демек, мындан көрүнүп тургандай, кыдык уруусу бугу элинде чоң уруу болгон.

      Саякат учурунда Ч.Валиханов бугу уруусунун урпактарынын айдоо аянттары бар экендигин белгилеп, ал тургай алардын чектерин да бөлүп көрсөтөт. Жыргалаң суусунан Каракол суусуна чейин белек менен салмаке уругунун эгин аянттары созулуп жатат. Кыдык уруусу да жай бою Сырт жайлоосунда жайлап, ошол эле учурда жатакчылар айдоо айдап, эгин сээп, көлдө калган. Кыдык менен желдеңдин айдоо аянттары тескейдин айдоого жарактуу чөлкөмдөрүндө болгон.

      “Ал эми жай бою Тянь-Шанда болгон желдең жана кыдык уруктары, Жети-Өгүз суусунун жээгинен эгиндерин жыйнап алууга келген Самсалы бий менен Жанек бийдин айылдарына туш келдик”,--деп жазат Ч.Валиханов. Кыдык Боорсук бий Ч.Валихановдун кербенин коштоп жүрүп, ага жол корсөтүүчү болгон экен. Окумуштуу күндөлүгүндө 1856-жылды 9-мартка караган түнү Кызыл-Суу суусунан Жууку өрөөнүнө келгенин баяндайт. Ошол түнү Ч.Валихановдун отрядынан аттар уурдалып, куугунчулар из кубалап барып ууруларды колго түшүрүп алышат. Эки күндөн кийин желдең Жанек баатыр 70тен ашуун куралданган адамдар менен келип, Ч.Валихановдун кербенине кол салат. Абдан катуу атышуу болуп, Жанек чегинүүгө аргасыз болот. Жанектин жигиттеринен төрт адам колго түшөт, ал эми Ч.Валихановдун отрядынан эки татар колго түшүп, эки адам жаракат алат. Ушул кагылышуу учурунда жол көрсөтүүчү болуп, отрядды коштоп жүргөн Боорсук бий аябай коркуп калгандыктан жанын ала качып, отрядга жол көрсөткөн кызматы үчүн ала турган белектерден да баш тартып кетип калган экен. “Кийин биз анын Жанекке качып кеткенин билдик”, --деп жазат Ч.Валиханов.

      Боорсук Шералы уулу кыдык уруусунун бийи болуп, урууну орус бийлиги Ысык-Көлгө орногон мезгилге чейин башкарган, анын ата-теги: -- Кыдыктан Жаанбай, андан Бейиш, Бейиштен Ырыскулу. Ырыскулудан Шералы, андан Боорсук. Боорсук бийдин – Кантөрө, Бердикожо, Осмонкожо, Өмүрзак, Манапбай, Кутуй, Түмөнбай, Субан, Ыша, Ногой жана Жартыбаш деген он бир уулунан тараган укум-тукумдары бар. Боорсук кезегинде бугу-сарыбагыш согушуна катышып, тарыхтагы ушул катаал окуялардын чордонундо жүргөн. Жууку капчыгайындагы кыргындан калган кыдыктын башын бириктирип, намысын коргоп, элди-жерди талоондон сырткары кармап, Жети-Өгүздөгү ата-баба жердеп келген конуштарды сактап келген.

      Кайсы бир жылдарда кадимки Садыр аке топ жыйындардын биринде эл жакшыларынын арасында отуруп: “Ысык-Көлдө кайсы адам бай?”-деп суроо салган экен. Отургандар ал, бул деп, ар кайсыны болжолдоп жооп таба албай турганда, Садыр аке өзүнүн берген суроосуна: “Ысык-Көлдө Боорсук бай. Үч аялынан он бир уулу бар. Мына байлык деген ушу да”-деп өзү жооп берген экен. Ырас, Боорсук бий Садыр аке айткандай байлыктын эле ээси эмес, акылдын да, айлакерликтин да ээси болгон. Боорсуктун балдары да эл арасында таанымал, кайраттуу. эр жүрөк жигиттерден болушуптур. Боорсук бий Шераалы уулу өз заманында жалпы кыдыкты бийлеп, кырдаалга жараша ой жүгүртө билген, алысты ойлогон, чечкиндүү жана кайраттуу уруу башчысы болгон.

      Бугу уруусунун тагдырын чечип турган таасирлүү “Чоң Белек” манаптарынын чынжырлуу үстөмдүгүнүнө карабастан, аларга сес көрсөтө билип, көз каранды болбой, кыдык уруусунун кызыкчылыгын татыктуу коргой билген журт башчысы катары Боорсук бий тең ата атаандаш деңгээлдеги даражасы бар инсан болгон. Боорсук бий тууралуу Орусиянын аскердик чалгындоо жана илимий экспедициясынын башчысы болгон окумуштуу К.П.Семенов Тянь-Шанский менен Ч.Валиханов өзүлөрүнүн жазган күндөлүктөрүндө маанилүү маалыматтарды жазып кетишкен. Ошондой эле орус окумуштуусу В.В.Радловтун эмгектеринде да айрым маалыматтар берилет.

      19-кылымдын орто чениндеги илимий маалыматтарга ылайык кыдык уругунун жалпы курамы төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:

      Кыдык уругу жалпы 1750 түтүн, бийи Боорсук, анын ичинен: а) Жакшылык-250 түтүн, бийи-Чынгыш. б) Жаамбай 400 түтүн, бийи-Түкөн; в) Торгой 800 түтүн, бийи-Койсойбос; г) Кудайбакты 300 түтүн, бийи-Ботокан.

      Бул маалыматтарды карап көрүп, ошол кездеги ата уулдарынын жайгашуусуна ылайык торгойдун ичинде жаныбектердин, ал эми кудайбактылардын ичинде алдакелердин болушу мүмкүн деген божомолго келсек болот. Болжол менен ар бир түтүндө бештен адам болот деп эсептесек, анда 19-кылымдын орто ченинде кыдыктардын жалпы саны – 8750-9000 адамды түзгөн болот.

      Бугу сарыбагыш согушунан кийинки мына ушундай бирде тынч, бирде коогалуу окуялар менен күндөр өтүп, мезгилдер алмашып жатты. Ошого жараша орус бийлигинин жергиликтүү урууларга карата мамилеси да өзгөрүп турду. Орус бийлиги мурдагы таасирдүү уруу башчыларынын айрымдарынын көздөрүн тазалап, (Балбай, Самсалы сыяктууларды), айрымдарын кызматтан кетирип (Канай, Жанек сыяктуулар) алардын таасирин чектеп, алардын ордуна бийликке берилип иштеп кызмат кыла турган жаңы адамдарды кое баштаган. Эми “тынч жүрбөгөндөрдүн” катарына желдең уруусу да кошулуп, аны да Ат-Башыга көчүрмөй болушкан. Бирок, мурдагы таасирдүү адамдар уезд башчысына удаа-удаа кайрылып, арыздар кайра кайра каралып жатып, желдеңдер көчүрүлбөй калган экен. Орус бийлиги Ысык-Көлгө келген алгачкы мезгилдерде кабыл алынган жобого ылайык түзүлгөн болуштуктар уруу-уруу болуп уюштурулган болсо, эми болуштуктар кайра уюштурулуп, алар аймак-аймак боюнча курамында ар түрдүү уруулар болгон негизде түзүлө баштады. Иштин мындай жагдайда уюштурулушу уезд бийлигиндеги чоң фигура болуп калган Чыныбай үчүн кыдык менен белек урууларына карата кысымчылык аракеттерин күчөтүүдө чоң мүмкүнчүлүктү ачып берген.

      Уруулаштарынын туш тарапка көчүрүлүп жаткандыгынан улам жана бала бакырасынын эртеңки келечек тагдырынан чочулаган жаамбайдын суксур ичиндеги Жоруп жана Жумаш тукумдарынын айрымдары Теңир-Тоого көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Жоруптун Сейтаалы уулунан, Тайлактын Чоробай жана Супатай деген уулдары, Төлөгөн уулу Токсоба үй бүлөлөрү менен Ат-Башынын Ак-Музуна барып жашап калышса, Жумаш уругунан Эсенгул уулу Айман Нарындын Он-Арчасына, Туртемир тукумдарынан Текенин Акбагыш, Сарбагыш, Асан, Сазан деген уулдары Нарындын Дөбөлүүсүндөгү Алыш деген чөлкөмгө барып туруп калышкан.

      Төрөсүнүн жанында чарк айланып,
      Төбөл болду Чыныбай “хан” шайланып.
      Канча жыл кайран элди калчап турду
      Камчы үйрүп, кабагына кар айланып.
      Шайлоо деген балакет кайдан чыкты?
      Шайы ооган кайран элди бөлүп жарып.
      Кылыгы Чыныбайдын түпкө жетти,
      Кыдыкты туш тарапка чачыратып

      – деген саптар ошол эл башына түшкөн оор мезгилден кабар берип турат.

      Чыныбай элге кастарын тигип, көчүрүп жиберем деп оолугуп жатат деп угуп, айтылуу Карач аке атайын келип, топ элдин ортосунда турган Чыныбайдан иштин чоо-жайын сураганда Чыныбай:

      - Белек менен кыдык тынч жүрбөгөн эл экен, бугуну тынчытайын деп жатам, -дегенде Карач акенин:

      - Ошол тынч жүрбөгөнүнөн капкайдан келип сен билип, каңгайдан келип мен билип отурам бугуну. Өлө албай келгенди тирденткен, кулун төргө чыгарган, калк бийлетип сураткан, баарын текши карап, баарын текши жыргаткан бугунун тукуму баарына тең эмеспи, ичи Ала-Тоодой кең эмеспи. Кой, бул сөзүңдү кайрып ал,--деген сөзүнөн кийин Чыныбай каршы сөз айта албай, кыдык менен “майда белектерге” эле эмес, жалпы эле көл айланасындагы урууларга карата мамилесин жумшарткан экен.


                           АБДЫРАМАН АБА ЖАНА АТАКАН                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыдык уруусу жети болушка чачыратылып, эл кыйын күндөргө тушугуп турган кезде элдин эртеңки камын ойлоп, каксоо жерге суу жайып, анын чаңкоосун кандырган сыяктуу элге жакшылык кылып, анын тилегин ишке ашыруу, анын багын ачып, башкалар менен тең кылып, тең ата жашоосун камсыз кылууга бел байлаган азаматтар керек эле. Муну ошол мезгилдин өзү да талап кылып жаткан. Тек гана, эл ичинен ошондой азаматтарды издеп, чөп-чардан буудайдын данын бөлүп алган сыяктуу таап чыгып, ошол азаматты аяк-башына чейин сындан өткөрүп, купулга толтуруп келип, саяпкер күлүк, мүнүшкөр бүркүт таптаган сыяктуу чоң ишке даярдоо керек эле.

      Мезгил жылып, убакыт өтө берди. Кайран эл өз түйшүгү менен алектенип, замандын оор жүгүн мойнуна илип алып, кыйноолор менен кыстоолордун азабын аябай эле тартты. Баарынан кыйыны өз жеринде өлөң төшөгүндө эркин жүрө албай эркин сүйлөй албай кор болгондун азабы кыйын экен го.

      Кечээ эле бугу ичинде караандуу калың журту бар, 1,5 миң түтүндүү кыдык Боромбай султанга тең тууган болуп, текеберлене сүйлөп, анын төрүндө оңтою келгенде сыйын көрүп, оңтоюу келбегенде сыртын салып, четтеп калчу кыдык баягы таасиринен ажырап, ал тургай жайлоону чогуу жайлай албай, кыштоону чогуу кыштай албай, бири-биринен алыстап, чачырап, чаржайыт кетти. Бар болсо көралбай, жок болсо асырай албай жүргөн туугандын баркы бүгүн айрыкча билинип,”тирүү болсок бир дөңдө, өлүү болсок бир көрдө болсок кана, атаганат”—деген көксөөнүн, ошону менен бирге кечээги эркин жайма-жай турмушту эңсөөнуң таасири улам барган сайын даана сезиле баштады. Ойрону түшкөн орус бийлиги элди оңдурбайт окшойт. Тоо-таштан кокту-колотко чейин жер ченеп, малы-башына чейин эсептеп, олчойгон салыгын салып, ата-бабаң билбеген эрежелерин таңуулап кирди.

      Мына ушундай көйгөйлөр мээсин эзип, жүрөгүн мыжыган Абдыраман абанын ойлогон ою күнү-түнү жанын жай алдырбай, “канткенде кыдыкты чогултуп алууга болот? Мунун дабасы кантип табылат”,--деп өзүн коёрго жер таба албай жүрдү.

      Абдыраман аба демекчи, бул кишини абалтадан ушул күнгө чейин кыдык ичинде аба деп аташат. Эл ичинде сөзү өтүмдүү, кадыр-барктуу жана калыс адам болгондуктан Абдыраманды атынан айтпай аба дешип, ошол күндөн бери нечен муун алмашса да ал кишини урматтап эскеришип, улуу-кичүү дебей “Абдыраман аба” деп атап келишет. Бул да болсо элдин ыймандуулугунун белгиси. Ал кишиге карата терең кадырлоо сезимин билдиргени, ал кишинин арбагын сыйлоо белгилери болсо керек. Жашы улуу эркек адамга аба деп кайрылуу бугу уруусуна гана таандык өзгөчөлүк десек жаңылбайбыз.

      Бугу уруусунун ичинде жашап турушкан көлдүк башка уруулар да бугунун таасири менен ошентип айтышат. Кадыресе аба деп кайрылуу адамдардын көзүнүн тирүүсүндө болуп келген нерсе. Ал эми Абдыраманды көзү барда эле эмес, бүгүнкү күндө да көзү өткөндөн бери жүз жылдан ашык мезгил өтсө да аба деген сөз бир гана Абдыраманга гана таандык сыяктуу айтып келишет.

      Касиеттүү жети аке (Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат Аке, Садыр аке, Кыдыр аке, Карач аке) оозунан чыккан ар бир сөзү курч, таамай айтылган, айтканы айткандай, дегени дегендей келген, сөздөрү эле эмес, кылган иштери да нарк-насилдүү, даанышман инсандар болгондуктан алардын өмүрү таалим-тарбиянын үлгүсү катары баркталып келе жатат.Ошол сыяктуу эле , Абдыраман аба да өз деңгээлине жараша аброю, кадыр-баркы, үлгүсү менен кыдык ичинде унутулбай эскерилип келе жатат.

      Ошол Абдыраман аба туш-тушка чачыратылган кыдык уруусун чогултуунун, элди Тоң жергесине көчүрүп келүүнүн демилгечиси болгон экен. Эмесе, сөздү башынан баштайлы. Чачылган элдин абалын байкап, ал жайын сурайын, эл ичин аралап, эл жакшылары менен кеңешип, өз оюмду айтып көрөйүн, эл ичи кенч эмеспи, камчыга сап балдар болсо ошолордун баш терисин байкайын, элди чогултуп баш коштуруп берүүгө жарай турган эл уулу табылаар деген ой менен Абдыраман аба таң эрте үйүнөн аттанды. Ал күнү күн батышка багыт алып, аттын башын Барсконго бурду. Тосор, Сары-Талаага чейин кыдырып, бапа, желдеңдин абалын байкап, жолдо Жайнак деген старчындын үйүндө түнөп, эртеси Жуукучакка кайтып келет.

      Мезгил күзгө таяп калган күндөрдүн биринде Абдырамандыкына Шапак Качыбек уулу Алтыбасар жоон топ кишиси менен келип калды. Конокторго семиз тай союлуп, өткөн-кеткенден кеп салынып, сөз төркүнү элдин учурдагы абалы жөнүндө болду. Белек уруусунун ичиндеги Шапактарда он чакты түтүн кыдык бар экен. Сураштырып отуруп, алардын Түлөгулдун тукумдары экендиги билинди. Кыдык көлдүн далай жерине чейин тарап кеткени ушундан белгилүү болду.

      Эртеси конокторун узатып коюп Абдыраман аба уулу Токсобанын коштоосунда көл башын көздөй аттанды. Абдырамандын бул жолку максаты жер-жерди кыдырып, айыл айылда болуп, сурамжылап, иликтеп кыдык тукумдары кайсы жерде жан сактап жүргөнүн билип, алар менен сүйлөшүп, эртеңки күнгө биригип чогулуп келүүнүн жол-жобосун аныктап алуу эле. Далай күн өткөрүп жолдо Койсойбостун Канайыныкында, жүдөө Көтөндүн уулу Алыбайдыкында, Сарт акенин уулу Мойноктукунда болот. Канай баатыр бул убакта элден четтеп, илгери тууганы Кенейди өлтүрүп алгандан кийин кылган кылыгы бетине чиркөө болуп, анын үстүнө Абдырамандын кыдык уруусунун ичинде Кенейдин кунун кунсуз кылып Канайды “өлүккө” тете кылышы, учурдагы Чыныбай кулдан көргөн ыза-кордугу, өткөн-кеткендер эсине түштүбү же, азыркы абал өзү эле ошондойбу, айтор Абдыраманды кыртышы сүйбөй суз кабыл алды. Абдыраман ичине сырын купуя катып, баатырга оюн билдирбей аттанып кетти.

      Жон-Булактын өрдөшүндө жүдөө Көтөндүн уулу Алыбай туугандары менен жашап турган экен. Абдыраман менен Токсоба кечкурундап Алыбайдыкына келип түштү. Кыдык чачылганда жүдөөлөрдүн айылы бул жерге көчүрүлүп келген чериктер менен жанаша туруп калышкан экен. Бир аздан кийин алардын жанына бир нече түтүн кытай менен коңурат көчүп келип жайгашкан эле.

      Абдыраман ошол Алыбайдыкында отуруп кыдыктын учурдагы абалы тууралу кеп козгоп, элди чогултуп бул ишти Чыныбайга билгизбей бышыралы деген оюн айтканда Алыбай аны дароо колдоого алды. Мына ошентип Абдыраман менен Токсобага Алыбай кошулуп үчөө андан ары сапар улашты. Жолдо ар кайсы болуштун карамагында турган тууган-уруктарга жолугуп, күнөп-түнөп, ал-жайды көрүп-билип жалгап Үрүс, курман уулунан Алматай, Маалы, алдаке Карбоз, Мүсүралы, кудайбакты Ыяз, жаанбай Бектиян, жакшылык Борко, Түмөнбай, Саке, каракөйнөк Табылды сыяктуу кыдыктын ар кайсы уруктарынын башчыларынын үйлөрүнө түшүп, алар болсо Абдыраман баштаган үчөөнө эт-бетинен кетип, сыйын көрсөтүп, “тирүү болсок бир дөбөдө, өлүү болсок бир чуңкурда” бололу дешип, элди чогултууга бир ооздон макул болушуп, аракет көрө баштайлы деген бүтүмгө келишти. Эл жакшылары менен сөз бекитип, бул сапаркы ишин бүтүргөндөн кийин санаасы тынып үчөө кайра кайтып келишти.

      Кыдыкты чогултуп, жыйнап келүү иши оңой эле бүтө койчу иш эмес эле. Бул иш ары тың, ары чыйрак, акыл-эстүү, ары беттегенинен кайра тартпаган өжөр жана чыдамдуу гана адамдын колунан келет эле. Элди жыйноо тууралу ой башына келген адеки күндөр эле мындай чоң жана маанилүү ишти аркалоо бир келсе Атакандын колунан келе турган иш экенине Абдырамандын көзү жеткен. Себеби ал Бектияндын уулу Атаканды төрөлгөн күнүнөн бери эле жакшы билет. Ал ошол күндөн ушул күнгө чейин Абдырамандын көз алдында чоңоюп, эр жетти.

      Атакан болжол менен 1840- же 1841-жылы Оргочор тоосунун тегерегиндеги чөлкөмдө туулган экен. Ата тегин сүрүштүрө келсек, Кыдык - Жаанбай - Бейиш - Көкүм - Байчоро – Карача – Бектиян. Бектиян атабыздын эки аялы болгон. Байбичеси Дария энеден Атакан, Бабакан жана Күдүңбай деген үч уулу. Кичи аялы Дилде энеден Алмерек, Жанек,Маана жана Сыдык менен төрт уулу болуп, Бектиян атабыздын урпактары ушул жети уулдан тарайт.

      Карача уулу Бектиян атабыз жалпы кыдык элинде төбөсү көрүнгөн белгилүү, кадырман инсан болгон экен. Бектияндын кара малы да, майда жандыгы да көп, оокат-кечеси жетиштүү, чарбасы өнүккөн, байгер жашаган адам экен. Ошол эле учурда бирөөгө кара санабаган, кембагалдарга боорукер, адилет жана калыс киши болгондуктан, эл ичинде сый- урматка ээ болуптур.

      Атакан 6-7 жашка келип калган кезинде атасы Бектиян семиз тай союп, кыдыктын жакшыларын чакыртып конок кылат экен. Сый тамак берүүнүн максаты уулдарынын ичинен айырмаланып, Атакандын кенедейинен эле ар нерсеге дилгир, кичипейил, элпек, ак көңүл бала экенин байкаган Бектиян уулуна эл жакшыларынан “жетинин бири кыдыр” дегендей бата алып койгусу келген экен. Эт чыгарылып, табактарга салынып даяр болгондо Атакан колго суу куюу үчүн үйгө кирип, башын ийип, эки колун бооруна ала коюп салам айтып тура калган экен. Кыраакы Бектиян уулунун мунусун ичинен жактырып, канааттанып калды. Отургандар баланын саламын алик алып, бала болсо элпектик менен отургандардын бир четинен баштап, ирээти менен колдоруна суу куя баштады. Баланын кыймыл-аракетине ичи жылып, отургандардын ар кимиси жакшынакай баталарын берип жатышты. Кезек Абдыраман абага келгенде колун жууп бүтүп, суу жоолукка сүртпөстөн туруп эки колу менен баланын көкүлүнөн алмак-салмак сылап:

      --Башыңа бак консун, Эл-журтуңа кызмат кылып, эл баккан уул бол, балам! —деп башкалардыкынан өзгөчөлөнгөн бата берген экен. Ошондо балага Абдыраман абанын мээри түшүп, батасы тийген экен деп айтышат санжырачылар. Бектиян бата алып жаткан уулуна да, бата берип жаткан Абдыраманга да ыраазы болду. Бул батадан кичинекей Атаканга бир касиет оошуп баратканын сезген Бектиян эртеси уулун учкаштырып алып, Абдыраман абаныкына келип түшкөн экен.

      -Ушул баланы сага алып келдим, “сөөгү меники, эти сеники” болсун. Жөн билги эле эмес, касиетиң да бар кишисиң, тарбия-таалимиңди берип, өзүң ойлогондой адам кылып бер,--деп Атаканды чоң үмүт жана ишеним менен Абдыраман абага табыштап берген экен. Абдырамандын колунда жүрүп Атакан устаты эңсегендей акыл-эстүү, зирек, ар нерсеге сабыр менен караган, улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган жигит болуп чоңойду. Тууган ичиндеги андай-мындай, чоң-кичине иштерде Атакан дайыма өзү теңдүүлөрдүн арасында эле эмес, улуу-кичүүлөрдүн арасында да иштин чордонунда жүргөн белгилүү жигит катары көзгө көрүнүп, кадыр-барк күтө баштады.

      Абдыраман аба да Атакандын келечегинен көптү үмүт кылып, өзү менен кошо бугу ичинде эле эмес, сарыбагыш, солто, саяк ал тургай казакка чейин эл чогулган жыйындарга, аш-тойлорго ээрчитип, эл-жер көргөзүп жүрдү, эл аралатып, ушундай учурларда ал эл менен бул элдин далай мыктыларын көрсөтүп, алар тууралу эл арасында айтылып жүргөн аңыз кептерге жаш баланын көңүлүн буруп, алар тууралу өзүнүн да ой-пикирлерин кошуп, бул жерде бул эл, тигил жерде тигил эл турат, бул элдин башкаруучусу бул, жакшылары тигил деп көз жаздымда калтырбай баяндап берип жүрдү. Мына ушундай аракети менен Абдыраман аба жаш баланын акыл-эсин тереңдетип, баамчыл жана сезимтал, адамкерчиликтүү, башка адамдарга карата сергек мамиле кылууну үйрөтүп, ошондой эле куйма кулак, сөз барктап сөздүн кадырын сыйлаган адам болуп калыптанышына чоң салым кошкон.

      Атакандын атасы Бектиян да биз жогоруда белгилегендей, ага-тууган ичинде кадырлуу, колунда бар, сөзү өтүмдүү, иши болумдуу, агыл-төгүл адам болгондуктан, көбүнэсе уулунун жакшы сапаттарын арттырууга ата катары өзгөчө кам көргөн.”Жакшыга жанаша жүрүү жакшы адамга гана жарашат” дегендей уулунун жакшы адам болушуна анын Абдыраманга жакын болуп, анын тарбиясында жүргөндүгүнөн,-- “Ушул киши бекер киши эмес, сөзүн тыңшап, кеп-кеңешин ук, айткан акыл-насаатын көңүлүңө бекем түйүп жүр, адамдарга кылган мамилесин, жүргөн-турганынан бери үйрөнүп, өзүңө устат кылып ал”,--деп Бектиян уулунун кулагына кенедейинен эле кумдай куюп келиши да чоң таасир берген өңдөнөт. Кыскасы, Атакан устаты каалагандай “экинин бири”, “камчыга сап” жигит болуп жетилди. Бектияндын уулу Атакан менен Абдырамандын уулу Токсоба аталары сыяктуу эле бири-биринин оюн айттырбай түшүнгөн жакшы теңтуштардан болушту.

      “Болоор бала богунан” дегендей, биттейинен тыкан, чыйрак өскөн Атакан устаты Абдырамандын тарбиясын көрүп, айткан акылын көкүрөгүнө уютуп. адам баласына мүнөздүү асыл сапаттарды жан дүйнөсүнө сиңирип алган жигит болуп калыптанды. Сөздү орду менен сүйлөп, кыябы келгенде өкүм, курч тайманбас кашкөйлүк менен айрым “мен кыйынмын” дегендерди да жоошутуп ийге келтирген, тилинен да, колунан да келген иш билги, кимге да болбосун ажаат ача билген “экинин бири”, “камчыга сап” элге таанылган жигит болду.

      Атасы Бектияндынг үйүнөн конок үзүлбөгөн, жайыл дасторкон, кенен аш, келгендерди кучагын жая тосуп алып колдон келишинче сый-урматын көрсөтүп турганы да Атаканга чоң тарбия берген. Бектияндын үйүнө алыс-жакындан журт аралап, төбөсү көрүнүп жүргөн нечендеген эл жакшылары келип, төрдө отурганда аларды тейлеп жүрүп, ара-чолодо алардын өзүн жакындан көрүп, сөзүн жакындан угуп, керек болсо эсине тутуп алып жүрүп, Атакандын адамдарга карата болгон мамилеси, кимдин кандай экендигин туя билүү сезими калыптанган. Абдыраман аба да кенедейинен тарбиялап, таптап келген шакиртин улам бүлөп, улам курчутуп отуруп, маанилүү жана керектүү тапшырмаларды берип турган. Атакан кандай милдет тагылса да аны дайыма ойдогудай, ишенимдүү аткарып турду.

      Атакан тарабынан ишке ийгиликтүү ашырылып турган көп тапшырмалардын бири жөнүндө элден уккан маалыматтарга таянып, жазуучу Эсенбек Медербеков “Кызыл жалын” деген романында Атакан тууралу да токтолуп кеткен. Роман 1987-жылы “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн. Эл оозунан укканбы же, өзүнүн эле чыгармачылыгыбы, айтор Атаканды саяпкер Кенжебай дегендин уулу кылып, анын чачылып кеткен уруусун (бапаны) чогултуп келгенин жана башка иштерин баян кылат. Чыгармада каармандарын кандай баяндайт бул жазуучунун өз эрки, анын үстүнө автордун бул эмгеги тарыхый -көркөм роман экенин эске алсак, Атакан жөнүндө баяндын чындыктан канчалык алыстап кеткендиги боло бере турган нерсе. Кеп мында деле эмес, кеп Атакан тууралу чындыкты болгонун болгондой кылып айтып берсек деген эле ой.

      “Кызыл жалын” романынын “Жүдөмүш” деген бөлүмүндө сан жылкылуу Сарыбай атасы Солтонкулга аш берип, ушул ашта ары жагы казактан, бери жагы оң менен солдон далай мыкты күлүктөр ат чабышка түшкөн экен. Аштын ээси Сарыбай:

      --Бүрсүгүнү кемеге байге, анын аркы күнү аламан байге болот. Күлүктөр жүз чакырым аралыкка чабылат, 25 атка байге бар, баш байге 1000 жылкы, экинчиси 100 төө, эң соңку келген күлүккө 9 жылкы,--деп жарыялап, ашты Көкөтөйдүн ашынан кем кылбай өткөрөм дептир. Күлүктөрдү чубатуудан өткөрүп, сынчылардын сынына коюп, алардын жоромолун укмай болушкан экен.

      Солтодон айтылуу Байтик баатыр саяпкери Шергазы таптаган Керкашка күлүгүн алып келген экен. Сан күлүктүн ичинде Чыныбайдын Каракашкасы, Кенжебайдын Караласы да бар экен. Ошол кезде кыргыз, казак, өзбекте Шергазыдан өтмөк түгүл ага тең келе турган сынчы жок экен.

      Кенжебайдын Караласынын алыскы чабылганда ичи көөп кете турган бир кемчилиги бар экен. Эми, Э.Медербековго кайрылалы:,--“Кенжебай абышка... күйөө баласына күтүлбөгөн өтүнүч менен кайрылды:

      --Караланын кандай кемчилиги бар экенин, алыска чабылганда эмне үчүн ичи көбөөрүн бир билсе Шергазы билет, башка эч ким биле албайт. Эми ошол кишинин оозун аңдыйлы, балам. Мен Зооданбекке айтып, Байтик отурган үйгө Атаканды кызматка койдурайын. Ал дитин коюп кызмат кылып, Байтикке жагууга тийиш. Бирок, дудук, керең болуп көрүнсүн, көз карашы менен гана сүйлөшсүн. Түшүндүңбү, балам.

      Чак түштө Атакан ак өргөөгө шыпылдай басып кирип, төрдө жантайып жаткан Байтик менен жанында отурушкан эки жигитке эки колун бооруна алып, жүгүнүп таазим кылды да, колдоруна суу куюп дасторкон жайды.

      --Кайсы айылдан болосуң, жигит?—деди анын салам айтпай киргенине таңданган Байтик. Атакан аны жалжылдап карап, эмне дегенин көз карашынан түшүндүрүүгө аракеттенди.

      --Дудук болсо керек,--деди Сатай.

      --Ай жигит, кулагың угабы?—деди Татыбек. Атакан үчөөнү алмак-салмак карап, ого бетер оозун ачып делдейди.Шилекейи чубалжый агып шырдакка түшүп кетти.

      --Болуптур балам, бара бер,--деп Байтик оң колун сыртты көздөй жаңсады. Атакан ошол замат чыгып кетип, кайра табак көтөрүп кирди. Байтик “биз менен чогуу отуруп тамак же” дегендей ишарат кылып, колун жаңсап орун көрсөттү. Атакан чөгөлөй калып, этти устукандап коюп, кылдаттык менен кыра туурай баштады.

      --Жаман бугу сизден ушинтип дудук кызматчы коюп өч алайын деген го,--деди Татыбек күлүп.

      --Жок, бул өзү тегин бала эмес, көзүнөн от жанып турат,--деди Байтик.

      ...Атакан “дудук” мурдагы мырза чалыш жигиттен дурусураак кызмат кылды. Меймандардын эмне каалаганын көз караштан, ээрдинин кыбыраганынан билип, көз ачып-жумгуча аткарып турду. Байтик ордунан козголгон сайын тебетей менен таягын алып бери, кепичин жакындата коюп жатты.

      --Кулагы угуп, тили сүйлөсө бугуну ушу билмек экен,--деди Байтик эртеси жигиттерине. Куптан окуган соң Байтик Татыбекти жиберип, Шергазыны чакыртты. Кошуна конок үйдөгү он беш солто да саяпкерди ээрчий киришти.

      ...Байтик Шергазыга кайрылды:

      --Таяке, аттын жайы кандай? Адигинеден ат келди. Казак, өзбектен келди. Коо бузган күлүктүн баары чогулду. Арасында Керкашкадан чыга турганы барбы?

      Карыянын жүзү нурдана түшүп, жөтөлүп, тамагын жасап, оңдонуп отуруп, сүйлөөгө эптенди эле:

      --Туура түшүнүңүз аксакал. Мобу баланы чыгарып жиберейин, -деди Татыбек Атаканды сөөмөйү менен көрсөтүп.

      --Мунун кулагы керең турбайбы, жөн койчу бечараны. Андан көрө бир-экөөңөр тышка чыгып, күзөткө тургула,-деди Байтик.

      Эшиктин түбүндөгү эки жигит ыргып туруп, тышка чыкты. Шергазы аппак сакалын сылап, дагы бир жөтөлүп алып, кеп баштады:

      --Керкашкадан озоор күлүк бирөө эле экен, баатыр. Кенжебайдын Караласы. Сиздики жарым тулпар болсо аныкы турушу менен тулпар экен. Бирок эки кемчилиги бар экен. Тууган энеси өлүп, уузга тойбой, колдон сүт ичип калса керек. Адеп оозанган уузу ичегисин оңдобой, жумурунун учуна уюп, тай төөнүн кумалагындай болуп катып калыптыр. Ыраакка чапканда ошол бошоп, ичи көөп чуркай албай калат. Ошондо да экинчи келет. Экинчи кемчилиги туягы саал-паал өсүп кеткен. Мындан да бычак сырты кем таштайт. Саяпкери мыкты болсо, көрөт. Ичин өткөрүп, кумалагын алып таштап, туягын анча-мынча ийделеп койсо, Керкашкадан үч чакырымга озуп келет. Муну билбесе, баш байге сиздики, баатыр.

      --Кудаанын кудурети!-деп Байтик карыянын өнөрүнө аң-таң калып, саамга былк этпей, катып отурду. Башкалар да эч дабыш чыгарбады. Атакандын жүрөгүнүн түрсүлү баарына угулуп тургансып, эки бети чымырап, тулку бою ысып-күйүп чыкты. Өзүнчө кызык ойго чөккөнсүп, ылдый карап, башын салаңдаткан калыбынан жазбай, эл тарагыча күтүп отурду. Адатынча Байтиктин сырт кийимин, өтүгүн чечип алып, өзүн жылуулап жаткырып, түндүгүн тартып, эшигин бекитип коюп, анан кетти.

      ...Эртесинде Кенжебай зоордо туруп, ичинен аксарбашыл, айтуяк айтып, атына жабууну оор жаап минип, жорголотуп жүрүп кетти, чайканамдан кийин текирең таскакка өттү, анан оозун коё берди. Ат кара терге түшкөндө, Күрмөнтүнүн сазындагы булактан сугарып, кара өлөңгө чалдырып алып, кайра чаап жөнөдү, дөбөгө чаап чыгып, чаап түшүп турду, туягын тер каптай бергенде, жылаңачтап жетелеп калды. Ошол замат аттын ичи өтүп, куйругу менен тең атты. Тай төөнүкүнө окшогон, бычактын мизи өтпөгөн таштай катуу кумалак дароо эле көзүнө урунду. Атын жетелеп баратып, эңкейип ала койду.

      Бешим ченде Кенжебайды Чыныбай чакыртып алды да:

      --Эртең ат чапсак болобу? Кандай дейсиз, аксакал?-деп сурады.

      --Эгер эп көрсөнүз, бүрсүгүнү чабылса дурус болоор эле. Каракашканын да, Караланын да бир тери калыптыр, төрөм.

      --Андай болсо, жүрүңүз, Сарыбайга айталы,-деп Чыныбай ак өргөөдөн чыга жөнөдү.

      ...Чыныбай аш ээсине жанаша мандаш урунуп, кеп баштады.

      --Бай, сизге келдик. аттарды сынап көрдүк. Ыракым этсениз, чабыш эртең эмес, бүрсүгүнү болсун. Каракашка менен Караланы дагы бир тердетели. Куу Байтикке миң жылкыны алдырбайлы. Кандай дейсиз?

      --Макул. Атыңдын терин ал. Бүрсүгүнү чабалы. (Э.Медербеков. Кызыл жалын, 1987, 122-124-беттер).

      Ошентип, солтонун билерманы Байтик баатырга дүлөй-дудук катары көрүнүп, ага кызмат кылып жүрүп, Атакан сынчы Шергазынын кайсы ат чыгарын жана Чыныбайдын Каракашкасынын кандай кемчилиги бар экендигин жөнүндө айткандарын билгизбей угуп алып, бугуларга түнү менен айтып келген экен. Солтонкулдун ашындагы ат чабышта Чыныбайдын Каракашкасы биринчи, Байтиктин Керкашкасы экинчи, Кенжебайдын Караласы үчүнчү болуп келген экен. Мындан, жаш болсо да Атакан өзүнө тапшырылган ишти кантип ойдогудай аткаргандыгын көрүүгө болот. Бул бир эле мисал.

      Сарыбай атасы Солтонкулдун ашын ал өлгөндөн кийин көп мезгил өткөрүп туруп, 1889-жылы берген экен. Бизге белгилүү бугу –с арыбагыш чабышы узакка созулуп кетип, качан гана эл ичи тынчыгандан кийин Сарыбайга атасына аш берүү мүмкүнчүлүгү келген окшойт. Демек, бул жерде чоң айырма жана чоң катачылык жатат. 1889-жылы аш берилип жатканда, Атакандын көзү өтүп кеткенине төрт жылдай мезгил болгон. Сөздүн чындыгы, Солтонкулдун ашы менен Атакандын эч кандай байланышы жок.

      Э.Медербековдун биз жогоруда сөз кылган романын окуп чыккандан кийин Тоңдун белгилүү санжыра иликтөөчүлөрүнүн бири, чыгармачыл инсан Олжобай Сагынбаев романда айтылган Атакан чындыгында кайсы уруудан болгондугун тактоого аракет кылып, Жети-Өгүздүн ар кайсы жерлеринде болуп, сурамжылоо жүргүзгөн. Ал бир топ айылдарда болуп, Солтонкулдун ашында Байтикке кызмат кылып, дүлөй, дудук болгон Атакан деген жигит кайсы уруудан болот деп сураганда, жооп бергендердин дээрлик баардыгы кыдык Атакандын атын айтышкан. Барскон айылында гана Атакан аттуу киши болгон экен, бирок анын ашка байланыштуу окуяларга эч кандай тиешеси болбоптур. Буга кошумча кылып, көксайлык кудайбактыда Атакан деген киши болгондугун, бирок ал киши Солтонкулдун ашынан бир нече жыл өтүп кеткенден кийин туулгандыгын айта кетишибиз керек.

      Э.Медербеков ,,Кызыл жалын” романында Атаканды барскондук бапа Кенжебай саяпкердин уулу деп баяндайт. Романда бапалардын башчысы Шадыкан менен эрегишип, Чыныбай элди бытырата көчүрүп, он эки болушка таркатып жибергени, бапаны чогултуп алуу үчүн Атакан жыл сайын малынын семизинен тандап согумга деп Чыныбайга берип турганы, бирок андан эч ылаажы болбогон соң, уезддин башчысына кайрылып, ага Карала деген аргымагын тартуулап, ар кайсы жерде тентип жүргөн туугандарын кайра ата-журтка чогултуп берүүнү сурап, натыйжада губернатордон руксаат алгандыгы баяндалат.

      Отуз жылдан ашуун мезгил мурда жарык көргөн романды окуп алышып, айрым окурман ,,санжырачылар” Чыныбай доорундагы окуяларга ушул романдын көзү менен карап, окуялардын маани-мазмунун бурмалап, туура эмес айтып жүрүшөт.

      Мен Чүйдө, Нарында, Ат-Башыда ал тургай көлдө деле куда-сөөк, алыш-катыштарда болгонумда тарых санжырадан кеп козголгондо жогоруда айтылган романдын таасири ачык эле сезилип турат. Мындай абал жалгыз эле Э.Медербековдун “Кызыл жалынында” эле эмес, башка бир катар чыгаан жазуучулардын мурда жана кийин басмадан жарык көргөн тарыхый чыгармаларынын баарында эле кездешет. Мен мурда белгилеп кеткендей бул жерде авторду күнөөлөгөнгө болбойт. Көркөм чыгарманы жаратып жатканда автор катары анын мазмунун кандай баяндайт, каармандардын бейнесин кандай ачат автордун өз эрки. Бирок, чыгарма жөн гана көркөм чыгарма эмес, тарыхый окуяларды, каарман катары бейнеси ачылып жаткан тарыхый инсандарды, окуя болгон жерлерди жана убактысын, жылдарын туура жана так, чындыктын чегинде жазышса түзүк болмок. Демек, бул өңүттө кеп кылсак, романдагы Атакандын уруусу бапа эмес, кыдык, атасы кенжебай эмес Бектиян, он эки болушка чачыратылган бапа уруусу эмес, жети болушка чачыратылган кыдык уруусу экендигин жанагы окумал санжырачылар биле жүрүшү керек болуп турат.

      Эмесе, кыдык уруусун чогултуу үчүн Атакан кандай аракет кылды жана аны кантип ишке ашырды. Сөздүн нугун эми ушуга буралы. Бая. күзүндөгү кыдыктын уруу-урук башчылары менен болгон макулдашуунун негизинде мындан ары эмне кылабыз, кандай аракеттерди көрүү керек деген максатта Абдыраман аба Атаканды чакыртып жиберди. Анын ою боюнча ары чыйрак, ары тың, анын үстүнө айткан менен кылган иши шайкеш келип, эл көзүнө эрте көрүнүп, оозго эрте кирип, кадыр-баркка ээ боло баштаган өзү теңдүү ар уруктан чыгып келаткан азамат, шайдоот жигиттер менен ишти колго алса, ар кайсы жерде эли-жерин самап, биригип күн кечирсек дегенде ак эткенден так этип, көзү чачырап жүргөн уруулаш ага-туугандарын чогултуп келүү колдон келет эле. Адегенде Чыныбайга билгизбей, шек алдырбай туруп, ишти баштап, болоорун болот деп ишти бышырып алып, ошондон кийин гана Чыныбайга айтып, анын макулдугун алууга жетишүү керек эле.

      Таң эрте аттанган Атакан ат тердетип түшкө жетпей Абдрамандыкына жете келди. Дасторкон үстүндө Абдыраман аба кеп козгободу. Атакан шам-шум этип, курсак кампайткан соң гана Абдыраман аба:

      --Балам, өзүңө мурдатан белгилүү баягы иш менен чакырттым эле, сырттан сүйлөшөлү,--деп ээк кагаары менен дасторкон четинде отурган байбичеси бата кылып, экөө сыртка обдулушту. Атакан шыпылдай басып мамыдагы атты чечип келип, Абдыраманды колтуктап атказды да, өзү да удаа эле аттанып, суу жээктей бастырышты. Бир топ убакыт ат үстүндө тунжурап, анан барып терең күрсүнүп алып, Абдыраман аба кеп учугун чубады:

      -- “Акылдуу тоону томкорот” дейт уулум, Акылдуу, эстүү жигитсиң, камчыга сап болчу балдардан айланаңа топто. Алдыңда тоодой иш жасоо милдети турат Чачылган элиңди чогултуп, бир жерге жыйна. Кыйырлуу журт кыйырынан адашып, кымбатка тушугуп кыйналып жатат. Мен ар атанын ишенимдүү кишилери менен көл башына Күрмөнтүгө чейин барып сүйлөшүп көрдүм. Баары эле бир жерде болсок, чачылбай чогулуп келсек деп кудайдан тиленип жатышат,--деп Абдыраман аба күзүндөгү эл-жер кыдыруусун айтып, кыдыкты чогултуу милдети турганын, аны ишке ашыруу өзүң өңдүү гана жигиттин колунан келет,--деп Атакандын алдына чоң сыноо, сыноо эле эмес, чоң милдет коюп, мунусу менен Абдыраман аба карандай эрдикке кадам таштоо үчүн Атаканга багыт бергендей болду. Ооба, эгерде элди чогултуп ала турган болсо, бул чынында эле Атакандын эрдиги болмок. Абдыраман аба ушуну белгилеп, анын акылына, парасатына, ал-күчүнө жана таалим-тарбиясына карата терең ишенгендигин кошо билдирип, эл тагдырынын эртеңкисин Атаканга тапшырды.

      “Адырлуу тоого бел керек, азамат уулга эл керек”- дейт уулум. Элиң ар кайсы жерде чачылып жүрсө, сен өңдүү камчыга сап болчу балдар күнүмдүк оокат менен алагды болуп, күнүмдүк курсактын тойгонуна маашыр болуп, күнүмдүк жыргалдын ырахатына мас болуп жүрө берсе, журттун эртеңкиси кандай болот? Күнүмдүк деп кайра-кайра айтып жатканым, күнүмдүк нерсенин өмүрү кыска, күн баткандан кийин жоголуп кетчү көлөкө сымал нерсе. Бүгүнкүдөн эртеңкини, эртеңкиден келечекти карап жашоо керек эмеспи. Жеке адамдын өмүрү убактылуу, кудай берген жашты жашап, бул дүйнөдөн өтүп кете берет. Ал эми элдин өмүрү түбөлүк, ошол түбөлүктүүлүктү эл ичинен чыккан азаматтар жаратат. Жеринен ажыраган эл жетим болот, элинен ажыраган эр жетим болот. Элиңди жыйнап келип жерге ээ кылсаң, ошол жерди жердеп, эл ичинде жүрсөк, эл ичи тынч, ынтымак болсо, ырыскы өзү эле келбейби. Мындан өткөн эмне бар”, -- деп Абдыраман аба ат үстүндө баратып далай накыл кептин кербенин чубатты.


                           КЫДЫКТЫ ЧОГУЛТУУ ҮЧҮН БОЛГОН АРАКЕТТЕР                                                                                                           (Мазмунга)

      Ошол мезгилде бугу элинде абал тынч эмес эле, уруулар ичинде кыйын кырдаал түзүлгөн. Уезд башчысынын жардамчысы болуп турган Чыныбай Тилекмат уулу төрөнүн атынан бүтүндөй көл айланасын жалгыз бийлеп, өзүн-өзү билип турган кез эле.

      Тээ, XIX кылымдын 40-жылдарынын аягында Ормон менен чатакташа кети, алагөз-кабаны көчүрүп, Кератка бугунун тамгасын басып Боромбайга келип кошулган Алыбек баатырдын тукумдары бул учурда Дархандын айланасындагы жерлерде желдең менен аралаш жашап турушкан. Чыныбай болоор-болбос эле нерсе үчүн алагөз-кабага андан-мындан айып тагып.. айласын кетире баштаган. Ошондо алагөз-кабанын намысы деп каяша кылып, баш көтөргөндөргө: -- “силерди бул жерге менин атам Тилекмат көчүрүп келген эмес, Ормондун ирегесине батпай мурдуңардан суу агып калганда атаңар Алыбек алып келген силерди. Көчүгүңөрдү кысып, жеген богуңарды жөн жеп тынч жүрсөңөрчү”,--деп Чыныбай кысымын ансайын күчөтө берди. Чыныбайдын ар кандай зомбулук аракеттеринен жабыр тарткан кыдыктын билермандары Абдыраман аба, Атакан, Алматай, Саке, Карбоз, алагөз-кабадан Кудайменде, Абылай, серең Моңош, ботугур Кыдыралы, каракучкач Жаныбек сыяктуулар өз ара кеңеш кылышып, көлдөгү башка уруулар сыяктуу эле чогулуп, өз алдынча эки болуштук түзүүгө аракет кылуу боюнча макулдашты. Бул үчүн адегенде ылайыктуу жер издеп, элди ошол аймакка көчүрүп келип жайгаштыруу зарыл болчу. Бирок, барыдан мурда Чыныбай бул маселеге кандай карайт, ал улук катары макул болобу же жокпу, ошонун да көңүлүн табуу керек эле.

      Абылай Тойчубек уулу баш болуп, алагөз-кабанын атынан баргандарга Чыныбай макулдук берген жок. Алагөз-кабанын аракети ордунан чыкпай калганын уккан Абдыраман аба башкача жол менен Чыныбайдын тамырын тартып көрмөк болду. Караколдогу орус бийлигинин аткаминерлери оёздун өзү баш болуп паракор экендиктерин алды-кийин угуп-билип жүргөн Абдыраман аба бир күнү Атакан менен сүйлөшүп отуруп,--“Бара бергенче, пара бер дейт, анча-мынча мал айдатып барып, Чыныбайды колго алып көрбөйсүңбү”,--деп кеңеш берди. Бул сунушту эп көргөн Атакан атасы Бектиянга кели,--“Ата, эгер эп көрсөң мал-жаныңдан анча-мынча керектеп көрсөм кандай болоор экен?”--деп, Чыныбайга бере турган парасы жөнүндө оюн билдирди. Бектиян башынан колу ачык, март, анан дагы малдуу адам болгондуктан,--“Байлык колдун кири, аны куру бекер жыйнагандан эмне чыгат. Андан көрө элиң үчүн керекте, ылайыктуу малдан керегиңе жарата бер”—деп элди жыйнап келүү үчүн уулунан эч нерсе аябастыгын билдирип, “жалгыз өзүң үчүн эмес, жалпы эл үчүн эмгектенсең, артыңда өчпөгөн атың калат”—деп акылын айтып, анын демилгесин колдоого алды.

      Санжырачылардын айтымында Атакан бир жолкусунда жүз баш ирик, дагы бир жолкусунда кырк жылкы айдатып, “берип жиберди деп, Чыныбайдыкына жеткирген экен. –“Короосуна айдап киргизип берип, бул эмне деп сураса, “келим-кетими көп, керегине жаратып койсун” деп Атакан айдатып берип жиберди деп, башка сөз айтпай кете бергиле”-деп жигиттерине табыштаган экен. Дагы бир вариантта Атакандын күлүк чаар атына Чыныбайдын көзү түшүп калыптыр деген элдин сөзүнөн улам, ал атты Чыныбайга өз каалоосу менен тартуу кылган дешет. Эмнеси болсо Атакан элин чогултуп алуу үчүн эч нерсесин аябагандыгын ушул мисалдардан эле көрүүгө болот.

      Абдыраман аба көпкө ойлонуп, эгер Атакан баштаган жигиттер кыдыкты чогултуу милдетин ишке ашырып калса, элди кайсы жерге көчүрүп келүүгө болот деп абдан катуу түйшөлүп жүрдү. Кыдыктар башынан жашап келген аймактар бул учурда шайлоодо Чыныбай үчүн добуш берген урууларга өзү убада кылгандай ирээти менен бөлүнүп, алар көлдүн ар кайсы жактарынан көчүп келип жайгаштырылган эле. Киндик кан тамган жерден. ата-бабанын байыртан берки конушунан ажыроонун кусаматы канчалык кыйын болсо да, эми кайра чогулуп келип, ошол жерлерде киринди уруулар менен батышып тиричилик кылып кетүү мүмкүн эмес эле. Эртедир-кечтир жайыт, суу талашуу сыяктуу пендечиликке алдырган чыр-чатактар чыкпай койбойт эле. Анын үстүнө төбөңдө орус бийлигинин камчысы салаңдап турса, жаңы заң-мыйзамдар үстөмдүк кылып, жер-суу, тоо-таш баары корукка алынып, керт башың эле эмес, бүтүндөй бала-бакыраң, мал-жаныңа чейин ар бир туягы эсепке алынып турган чакта бул менин жерим, бул ата-бабамдан калган конушум эле деп доомат да коё албайсың. Мына ушундай ойлор жүрөгүн мыжып, санаасы санга бөлүнгөн Абдыраман акыры элдин чогулуп бараар жери Тоң, андан башка ылайыктуу жер болбойт деген бүтүмгө келди. Илгертен бери эле алсейит тукумдары менен тынымсейит тукумдары жанаша жашап келишип, жашоо-тиричиликтин ыңгайына байланыштуу тынымсейиттин айрымдары Нарын бетине ооп кеткен эле. Көлдөгү тынымсейиттин көпчүлүгү кабелиден Токтомуштун тукумдары менен мортуктан Жаманактын тукумдары Тоңду жердеп турушат.

      Тынымсейиттердин бөлүндү болуп, бири көлдө, бири Нарында жүргөнүн, ошонун кесеппетинен бир муштумга түйүлө албай, көп чогулган жыйындарда уруунун кызыкчылыгы эске алынбай кемсинип жүргөндөрүн, эки жакка көп чыгып, далай жерди, далай элди аралап жүргөн Абдыраман аба жакшы биле турган Ушундан улам, Тоңдогу тынымсейит Нарындагы уруулаштары менен кошулса, Тоң жергеси бошоп, ал жерге кыдыкты чогултуп келсе болот го деген ой келди. Бул иш орус бийлигинин макулдугу менен ишке ашырылат эле. Элди чогултуп жыйноодон да ошол эл жайгашып, орун-очок ала турган жерди табуу абдан эле кыйын боло турган болду. Мына ушундай жанды жеген ойлор менен алпурушкан Абдыраман аба булардын да ой-икирин билип, тамырын тартып көрөйүн, макул болушаар бекен же, жокпу деп далайдан бери көкүрөгүндө бышып жетилген оюн Атакан менен Кенейдин уулу Алматайга айтып көрдү эле, экөө тең чалкасынан кетип, макулдук бербей коюшту.

      Мына ошондо Абдыраман аба тигил экөөнө Тоңду көрсөтүп, жер чалып келмей болду. Минтпесе, карагай-черлүү капчыгайлар, карагандуу, бетеге белден буралган төрлөр турса, какыраган Тоңду айтат дешкен Атакан менен Алматай такыр көнө турган эмес. Тоңдун тоолору менен кокту-колотторун, талаа-түздөрүн кыдыртып көрсөтүп, “миң уккандан бир көргөн” демекчи, эки жигиттин көңүлүн Тоңго буруп, өз көздөрү менен көрүп ынана тургандай кылып, акыры экөөнү көндүрүү керек деп чечкен Абдыраман аба тиги экөөнө уулу Токсобаны кошуп алып, Тоң тарапка аттанды. Тоңду асты-үстү менен шашпай аралатып, ар бир кокту-колотуна чейин алып барып, кайсы жер кыштоого, кайсы жер жайлоого ылайык экенин көрсөтүп, үстү Корумду, Кажы-Саз, Туура-Суу, Көңдөй, Жер-Үйгө чейин жер чалып, астыңкы өрөөндү текши сыдыртып келип, бизге мал киндиктүү Тоң ылайык, мындан артык башка жер жок экен дегендей кылып, үчөөнү ынандыргандай болду. Тоңду 3-4 күн кыдырып, бул арада Кажы-Саздагы Аян-Байзактыкында, Айдың-Көлдөгү Ыйса бийдикинде болушту.

      Тынымсейиттин бул эки билерманы экөө тең Чыныбай менен анча жакшы мамиледе эмес эле, тигил же бул жерлерде өткөн топ жыйындарда алар Чыныбайга далысын салып, керек болсо кер-мур айтыша коюп жүрүшчү. Чыныбай да бул экөөнө тоңдоосун мамиле кылып, теңсинбей текеберчилик кылаар эле. Алардын өз ара келишпес мамилелерин жакшы билген Абдыраман аба жөн салды кеп салып отуру, астыртан аян Байзактын да, Ыйсанын да тамырын тартып көрдү.

      Жанындагы жигиттерди эл аралатып, жер таанытып жүргөнүн, башынан түбү бир касиеттүү Мүйүздүү эненин арбагы колдоп алсейит, тынымсейит тукумдары бугунун атын чыгарып, эл башына кыйынчылык келген учурларда душманга намыс алдырбай, бир туунун түбүндө чогуу жүрчү элек, орус келгени ымалабыз солгундап, арабыз ачылып баратат. Бул аз келгенсип Тилекматтын Чыныбайы “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип”, орус төрөсүнүн бөрк ал деген буйругун баш алып аткарып, кудайын тааныбай калды. Бугунун тукумдарынын арасын ажыратып, кээ бирлерин чилче таратып, элге кыйын болуп турат. Бугунун арасына ар кайсы жерде жүргөн айрым урууларды алып келип жайгаштырып, Жамангул баатырдын тукумдарына айрыкча кастарын тигип, Чыныбайдын ушундай кысымына чыдабаган белектин айрымдары Текеске ооп, айрымдары Ат-Башыга көчкөнүн Абдыраман аба айта келип, эгер Чыныбай мындай аракетин уланта бере турган болсо, Итбок менен Боокенин тукумдарынын дайыны табылбай калчудай болуп турат деп, ал жагын да божурап кеп салып отурду. Жашырганда эмне, шайлоого шылтоо кылып кыдыкты күңгөй-тескейдеги болуштуктарга бөлүп-бөлүп каттатып, ошол тараптарга көчүрүп жибергендиги тууралу да кеп козголду.

      Өз кезегинде Аян Байзак да, Ыйса да ич-күптүлөрүн жашырган жок. Тынымсейит тукумдары эки бөлүндү болуп көлдөгүсү Чыныбайдын, Нарындагысы Чоконун токмогун жеп, бир күч болуп айбат кыла албай келатканын айтып, нааразы боло кетишти. Аралыктын алыстыгынан көлдөгүлөр Нарынга, нарындыктар Көлгө катташа албай түбү бир атанрын балдары болуп туруп Тынымсейит тукумдары бириге албай, айрыкча ары жагы Алайдан, бери жагы Таластан, бул эле Нарын менен Чүйдөн келип, көп эл чогулган жыйындар менен аш-тойлордо бир бүтүн болуп жалпы тура албай, тынымсейиттин үнү угулбай, таасири сезилбей, намысы басмырланып жатканын бул эки билерман жашырбай эле айтып, ич күптүлөрүн чыгарып алышты. Тынымсейит уруусунун учурдагы абалы тууралу Абдырамандын буга чейинки ойлоруна экөөнүн айткандары дал келип турду.

      Кечээ күнү Аян Байзактыкында, бүгүн Ыйсаныкында айтылып жаткан кеп-сөздөргө өздөрү аралашпаса да бир дасторкондо чогуу отуруп, айтылгандарды өз кулагы менен угуп отурушкан Атакан, Алматай жана Токсоба кеп төркүнүнүн нугу каякта жатканын, айтылып жаткан эл биримдигинин кандай мааниси бар экенин билип-туюп, Абдыраман абанын көптөн бери жан алакетке түшүп эл аралап жүргөн аракеттери бекер эмес экенине эми көздөрү анык жетип, “кайран киши, аракетиңдин акыбети кайтып, элибизди чогултуп алсак,бир жерде болуп, биз дагы үнүбүздү бийик чыгарып, башты өйдө көтөрүп, көкүрөк керип күн кечирсек кана, атаганат! Акылыңдан, сезимталдыгыңдан, көрөгөчтүгүңдөн, кайратыңдан айланайын жарыктык! Ушундай асыл тилегиңди ишке ашырганга башымды байлап коюп жан аябай аракет кылайын, тобокел иш тоодой аракет менен болот эмеспи”—деп Атакан, Алматай, Токсоба үчөө ар кимиси өз алдынча бел байлап, алдыда боло турган чоң ишке канат күүлөп отурушту. Аян Байзактын дубанга таанымал болуп, бир нече жолу байгелерге илинип жүргөн күлүгүн зомбулук кылып Канай баатыр тартып алган эле. Ошондо Аян Байзак атайын Чыныбайга күлүгүн кайтарып алуу максатында өтүнүч кылып барып,”эгер Канайдан күлүгүмдү алып берсең, сени ыраазы кылганга эч нерсемди аябайт элем” деп чын ниетин билдирип, жакшы үмүт менен жардам күткөн эле. Бирок, Канайдын өкүмдүгү менен көктүгүнөн, кандан бектен кайра тартпаган кашкөйлүгү менен караөзгөйлүгүнөн чочулап, корккон Чыныбай Байзакка алып берем же, алып бере албайм дебей күңк-мыңк этип койгон. Ошондон бери ортодо далай күндөр өтүп, Аян Байзак Чыныбайга абдан нааразы болуп, аны көргүсү келбей жүргөн. Анын мындай абалын Абдыраман аба угуп, билип жүргөндүктөн сөз арасында Чыныбайдын Канайга карата чара көрбөй жүргөндүгүн эске салып, бул кырдаалды да кыябын кетирбей эпчилдик менен пайдалана кетти.

      Төртөө Айдың-Көлгө чейин барып кайра тартышты. Алар кеч кирип калган маалда Кайнардагы Тыныбек жомокчунун кыштоосуна кайрылып, түнөп алмак болушту. Үч жаш жигиттин коштоосунда келип аттан түшүп жаткан Абдыраманды көрүп, Тыныбек өзү ылдамдай басып келип анын атын алды. Берки үчөө шапа-шупа аттан ыргып түшүп, аттарды кошоктоп жиберишти. Кой союлуп, эт казанга түшкөнчө Абдыраман абанын келгенине ыраазы болгон үй ээси Тыныбек чеке-белдеги кошуна-колоңдордон беш-алтоону чакыртып жиберген экен, алар да биринин артынан бири келип аба менен учурашып, жай сурашып отурушту. Бир маалда төрдө Абдырамандын оң ыптасында отурган сакалдуулардын бири:

      --Ээ Тыныбек, жомогуңдан анча-мынча кеп кылып отурбайсыңбы, чакырып келтире албаган киши келип калыптыр, аз убакыт болсо да өнөрүңдү көрүп, угуп кетсин,--деп калды.

      --Абамдан өнөрүмдү аямак белем, айтса айтып берейин,--деген Тыныбек Абдыраман абаны карады эле ал:

      --Үй ээсин мынча убара кылып сыйын көрүп отуруп, ал аз келгенсип ырдатып койгонубуз осол болбос бекен?--деп жылмайып койду.

      --Эмне болмок эле абаке, сиздей адамдан кантип аянайын, аз болсо да сый үстүнө сый болсун угуп кетиңиз,--деп Тыныбек мандаш урунуп жеңин түрдү.

      Бир азга дымый түшкөн үй ичин Тыныбек жомокчунун коңур үнү аралап, адегенде жай, каалгып созулуп барып, катуулап, жомокчунун ыргагы бирде күчөп, бирде басаңча тартып, үйдөгүлөрдү арбап алды.

      Тыныбек жомокчуну бир-эки курдай гана топ жыйындарда манас айтканын көргөнү болбосо, Абдыраман бул жолу анын өз үйүндө бетме-бет отуруп, биринчи жолу жүздөшүп манасын угуп жатты. Адамга ушунчалык күчтүү да, кереметтүү да касиет берген жараткандын кудуретине да, анан да ушунчалык шык-жөндөмгө ээ болгон жомокчунун өзүнө да тан берип отурду. Качан гана тамак бышып, казан башындагы өспүрүм бала төрдөгү сакалдуу кишиге эңкейе берип бирдеме дегендей болгондо, ал Тыныбекке колун жаңсап ишарат кылгандай болду эле, баятан бери күпүлдөтүп айтып жаткан жомокчу ырын токтотту. Жаңы союлуп эзиле бышкан семиз ириктин этин шашпай шаанисин чыгара жеп алышып, кол чайкап келгендер түн ортосу оой бергенде тарап кетишти.

      Эртеси үй ээси менен коштошуп, көңүлдөрү жай болуп, түнкүсүн жакшы тоюттанган аттарын шайбырлата бастырып, Тоңго болгон сапарынын жыйынтыгына ар кимиси өзүнчө маашырлана жол жүрүп келатышты. Атакан да, Алматай да адеп үйдөн аттанып чыккандагыдай эмес, ошондогу Тоң жөнүндөгү күдүк ойлорунан арылып, башкача көз караш менен кайтып келатышты. Абдыраман абанын калбаат, токтоо жүрүм-туруму, асты-үстү менен Тоң өрөөнүн кыдыртып, ар кайсы кокту-колоттун, жылга-жыбыттарын, өзөн-сайларын көрсөтүп, кудум ушул жерде туулуп-өсүп, ушул жердин коён жатагына чейин билген адамдай мүнөздөп бергенине таң калып келе жатышты. Тынымсейит билермандарынын элдин абалы тууралу айткандары да бул төртөөнүн көздөп келген ойлоруна дал келип тургандай болушу, булардын айрыкча, Абдырамандын көңүлүн тынчытып койду.

      Күн чоң шашкеден өткөндө алар ат тизгинин Манжылыны көздөй бурушту. Мазардагы жалгыз түп талдан окчунураак аттарын байлашып, жылжып агып турган кичирээк булактын көзүнөн кочуштап суу алып, бети-колун чайкашты. Абдыраман аба кырааты менен шашпай куран окуп, бата кылышкандан кийин бир чай кайнам убакыт булак четиндеги талдын түбүндө отурушуп, буттарын чоюп алышты.

      --Ээ балдар, мына Тоңду да көрүп келатабыз, Тоңдун топурагы алтын, ташы күмүш, чачылып жаткан кен экен. Бир ыптасы Ала-Тоо, бир ыптасы Ысык-Көл, адырына береке конгон, түзөңүнө ырыскы толгон, жайы салкын жанга жайлуу, кышы жылуу, малга ыңгайлуу, кудай берген жер экен, ушул Тоңду туур кылалы айланайындар. Оомийин!,--деп Абдыраман алакан жайганда тигилер да бата кылышты. Шадылуу алакандары менен сакалын сылап, анан барып Абдыраман аба ордунан обдула бергенде, Атакан элпек кыймыл менен анын оң колтугунан сүйөй берди. Жолдо келатып:

      --Эми балдар, убакытты текке кетирбей аракет кылгыла, жолду баскан арбытат дейт, өзүңөр өңдөнгөн өңчөй азаматтарды топтоп алып. элди кыдырып, иштин чоо-жайын айтып түшүндүргүлө. күзүндө мен кыдырганда баары эле:--“тирүү болсок бир дөңдө, өлүү болсок бир чуңкурда” бололу. Жалпы кыдык чогулуп бир уруу, бир журт бололу”—дешти эле. Бул жактан кабар күтүп жатышса керек”,--деп Абдыраман аба бир кылка бастырып келаткан жигиттерге кайрылды:

      --Атакан балам, адегенде экөөбүз макулдашкандай, Чыныбай каапырды колго ал, ошону көндүр, оёздон элин чогултуп алсын деп мөөр басылган уруксат кагазды ошол гана алып бере алат.. Кагаз колуңа тийсе, кудайдын бергени ошол, эч нерседен чочулабай, жалтанып-жазганбай, элиңди чогултуп аласың,--деп Атаканга айрыкча ишленим билдирди. Жолоочулар ал күнү Барскондо Шадыкан Солтоной уулу деген бапа уруусунун башчысынын үйүндө түнөшүп, эртеси үйдө болушту.

      Мына ошондон тартып, Атаканда тынчтык болбоду, күнү-түнү жатса-турса да кыдыкты чогултуп алуу жөнүндөгү ой санаасын тынчытпай көл айланасында барбаган жери калбай, атынын тери кургаган жок.

      Бул учурда Чыныбайдын да айласы кетип, уезд башчысынын жемесин көбүрөөк уга баштаган эле. Уезддин аймагындагы жер-жерлерде эл арасы тынчыбай, оторчулар менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда жерге байланышкан талаш-тартыштар, чыр-чатактар улам бир тараптагылары чечилип бүтө электе экинчи тараптан чыга калып, булар эле жетпей жаткансып, кээ бир уруулардын таасирдүү адамдары өзүнчө жаңы болуштуктарды түзүүнү сурап, уезд башчысынын тынчын ала баштаган учур келди.

      Ата-бабадан бери келаткан уруу аралык чыр-чатактар токтобой, куру намыс үчүн уруу төбөлдөрүнүн жеке таасири менен бийлиги үчүн алардын камчысын чаап, таламын талашып, баканын көтөрүп, союлун чапкандар байкуш караламан калктын арасында уруунун кызыкчылыгы деп кыйкырып чыккандардын саны азайбай койду, анын кесепетинен баягы эле жылкы тийип кетүүлөр, чабышып, башы-көзү жарылып, ал тургай киши өлүп, кун төлөткөн учурлар токтобой койду. Мунун баардыгы жергиликтүү элдин орус бийлигинин киргизген тартибине көнбөй, заң-мыйзамдарынын талаптарын аткарбай жаткандыгынын кесепетинен келип чыгып жаткан көрүнүштөр эле. Булар аз келгенсип, уруу билермандарынын ортосундагы эзелтен бери канга сиңип калган ич ара тирешүүлөр, көралбастык менен куру намыска алдырган тымызын кармашуулар да уланып жатты. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам уезд башчысы Курковский жардамчысы Чыныбайдын ишине анча канааттанбай, анын айланасындагы жергиликтүү аткаминерлердин болуш башчыларынын аракеттерине ичи чыкпай, дайыма болбосо да көпчүлүк учурларда аларга нааразы боло баштады. Мунун барын акылы жетик Чыныбай билип эле турду. Эми ал буга чейи н колдонуп келген иш ыкмасын өзгөртүп, жер-жерлердеги эл жакшыларына жумшагыраак мамиле кылып, текеберчилик кылбай, эзелтен келе жаткан уюткулуу журттун салт-санаасын эске алып, алыс-жакын дебей көлдөгү бугу-саяктын билермандары менен тил табышып иштөөгө өттү

      Учурдагы түзүлгөн кырдаал деле ушуну талап кылып турган. Кол алдыңдагы баш ийип турган элиңдин ичи тынч болсо, бийлигиңдин күчү да, мартабаңдын деңгээли да бийиктеп, бул эле Каракол эмес,тээтиги Алматыга чейинки улуктардын ишеними артып, элден да, бийликтен да колдоо таап, айтканың айткан, дегениң деген болуп, көңүлүн тынч, ишиң илгери жылып турбайбы. Ушундай бүтүмгө келген Чыныбай кыдык, белек эле эмес, тынымсейит, арык тукуму жана саяктын аттуу-баштууларына карата жумшагыраак мамиле кылууга өттү.

      Бул арада Абдыраман аба менен Атакан кыдыкты чогултуп келүү үчүн аракет кылып жатканда көлдөгү айрым башка уруулардын тың чыкмалары да элин бириктирип алуу үчүн кыймылдай баштаган эде. Алагөз-кабадан кудайменде Тойчубек уулу Абылай жанына ат кошчулукка досой Бооке уулу Карасубан баатырды алып, узак жол жүрүп, Алматыга барып, Ала-Тоо округунун башчысынан элин чогултуп, өзүнчө болуштук түзсүн деген буйрукту алып кайтты. Анын элинин теңи Дарханда кыдык менен желдеңдин ортосунда турса, каракучкач менен серең Ала-Баш, Коңур-Өлөң. Жер-Үйдө тынымсейиттердин арасында күн кечирип жүрүшкөн.

      Ушундай эле аракетти күңгөйлүк саяктардан кожояр Жолболду уулу Садыр да көрө баштады. Анын эли кечээги бугу-сарыбагыш чатагынан кийин туш-тушка чачырап кеткен эле.Садыр ат тезегин кургатпай Караколго келе бергендиктен, Чыныбай аны уезд башчысы менен жолуктуруп, натыйжада Садыр беш ата кожоярды Текестен көчүрүп келип, көлдүн тескейиндеги Тосор,Тамгада турган олжобай менен чоң чарыкты, саруудагы чиркей менен бөлөкбайды, Кызыл-Суудагы бокотой-баракты, көлдүн Күрмөнтүсүнөн акылбекти, Ат-Башыдан аңылдакты чогултуп келип күңгөйлүк саякты бир болуш эл кылууга уезд башчысынан макулдук алды.

      Мына ушундай окуяларга аралаш кыдыкты чогултамын деп Атакандын чапкылап жүргөнү да Чыныбайга дайын болду. Анын күтүрөтүп бодосун бододой, иригин ириктей айдатып келип, Чыныбайдын короосуна киргизип,, ал тургай айтылуу күлүк атын жетелетип келип бергени адегенде Чыныбайга табышмак болуп келсе, эми Атакандын бул кылгандары бекеринен эмес, мунун артында бир чоң купуялуу иш турганын Чыныбай жаземдебей аңдап билди. Ал Атаканды чакыртып, анын оюнда эмне бар экендигин алдын-ала сурап билгиси келди. Чыныбай ушундай ойдо жүргөндө, андан мурда озунуп Чыныбайга деп атайын союшка арнаган семиз жылкысын жетелетип Атакан өзү келип калды:

      --Бу, Атакан сен, биринин артынан бирин айдатып келип эле короомду малга толтуруп жатасың. Алгандын бергени болот дейт, айтчы деги эмне оюң бар, мынчалык мен үчүн чабылып-чачылгандай,--деп Чыныбай суроо салганда, мына ушундай собол болоорун көптөн бери күтүп жүргөн Атакан:

      --Баатыр, ар кайсы жерде чачылып жүргөн элимди бир жерге чогултуп алайын дедим эле, оёздон мөөр басылган кагаз алып берсеңиз жакшы болоор эле,--деп өз максатынын ток этээр жерин айтты.

      --Ээ Атаканым, жарга жаман такадың го, элиңди чогултуп алганың менен аны кайсы жерге алып барасың, ал эл жайгаша турган жер барбы? Баары катталып, кагазга чийилип, бош жер жок да эми,--деп Чыныбай оозу бошураак айтты.

      --Мунун деле жолун тапсак болот, баатыр. Тоңдогу ары жагы Кызылдын тоосу менен Мыярдын белинен, бери жагы Сары-Талаа, Тосорго чейинки жерлерди оёзго айтып, эптеп алып берсеңиз эле болот го?

      --Макул, сен айткандай болсун дейли, бирок ал жердеги тынымсейит кайда барат?

      --Тынымсейиттин көбү Нарындын Он-Арчасында жатпайбы. Тоңдогу тынымсейитти ошол жакка көчүрүүнү оёзго сунуш кылып көрсөңүз, алар деле бир жерде чогуу жашап калса, жакшы эле болот го. Атакандын сунушунан кийин Чыныбай бир саамга ойлонуп калды да, анан барып желкесин кашып:

      --Тынымсейит да өзүбүздүн эл эмеспи, аларды кантип күчкө салабыз, көчкүлө десек эле көчүп кете береби?—деп Атаканга суроолуу тигилди.

      --Ал жагын мага коюңуз баатыр, Ыйса менен Аян Байзакты мен көндүрөйүн, ал экөөнүн айтканына эл каршы болмок беле. Мага эки куралдуу жоокер кошуп берсеңиз, жанымда коштоп жүрүшсө карааны бар эмеспи, менин барганым тынымсейитке таасирдүү болуп калат эле.

      --Мейли анда, солдат алсаң ал, бирок алды-кийин бизди күчкө салып жатат деген сөз бир да тынымсейиттин оозунан чыкпагандай болсун. Оёздун жообун кийинчерээк билдирем,--деди Чыныбай.

      Ошентип, Чыныбайдан макулдук алып, Атакан үйүнө кубанычтуу кайтты. Караколдон кайтып келген Атакан күн чоң шашке болгондо Абдыраман абаныкына келип түштү. Чыныбай менен болгон сөздүн чып-чыргасын коротпой айтып берди. Абдыраман аба Атакандын аракетине ичинен кубанып, ыраазы болуп, бирок, анысын сыртка чыгарбай, жигиттин сөзүн бөлбөй кызыгуу менен угуп отурду. Атакан бажактап болгон ишти айтып бүткөндө:

      --Эми балам, максатың орундаларына бет алып калган көрүнөт, алдыңда эми чоң иш турат, аягына чыгар,, Чыныбай менен болгон кепти ичиңде сакта, жарыя кылып элге айтпа.Буюрса элиңди жыйнап, Тоңго көчүрүп алсаң, ошондо элиң эмгегиңди даңазалап айта турган мезгил келет. Адегенде Он-Арчага бар, ал жердеги тынымсейит туугандарың менен шашпай “ийри отуруп, түз кеңешип” иш кыл. Көлдөгү тынымсейит менен Нарындагы тынымсейитке ортомчу болуп жүргөндөй таасир калтыр. Эптеп экөөнү бириктире тургандай жагдай түзүүгө аракет кыл. Кыдыкты жыйнап Тоңго алып келем деген оюңду бир да тынымсейит билбесин, бул сырды такыр оозуңдан чыгарба,-деген кеп-кеңешин айтып узатты.

      Арадан бир нече күн өтүп, Чыныбай чабарманы аркылуу Атаканды Караколго чакыртты Ал Атакандын өтүнүчүнө оёз макул болгондугун билдирип, --“Жаныңа эки солдат кошуп берем, тынымсейит менен жакшылап сүйлөшүп, аларды көчүп кетүүгө макулдат, тиги тараптагы туугандар да көчүп баргандарды тосуп алып, жайгаштыргандай болсун. Көчүү-конуу убактысын мал жайлоодон түшкөндөн кийин күз маалына болжогондой болгула. Алсейит, Тынымсейит бир Мырзакул мырзанын балдары, менин да тилегеним ынтымак, эл ичинин тынч болушу. Ушуну менин атымдан билдирип, салам дубамды айтып кой. Нарындан ойдогудай кайтып келсең, тынымсейит Нарынга ооп, жер бошосо анан элиңди чогултуп, Тоңго көчүрүп алаарсың, азырынча жакшы барып кел. Кудай буюрса бары ойдогудай болуп калгысы бардыр,--деди.

      Атакан эки солдаттын коштоосунда үйүнө кайтып келип, атасы Бектияндын батасын алып, анын керектүү кеп-кеңешин угуп, эртеси таң эрте Нарын бетин көздөп жолго чыкты. Жолоочулар үч түнөп, төртүнчү күнү түштөн кийин Долондун белин ашышты. Аттарын чалдырып, өздөрү бел эс алдырып, бут жазгандан кийин күн батаар алдында тынымсейиттердин айылына кирип барышты. Аларды бир жигит ээрчитип, жүз баштуу өргөөгө алып келди, бул Акбагыш тукумдарынан ушул чөлкөмдү бийлеген Турусбек уулу Эсенгул дегендин үйү экен. Дасторкон үстүндө ал-жай сурашып отурушуп, Атакан келген максатын жүзөгө ашырууга киришти.

      Кеп төркүнү касиеттүү мүйүздүү энеден башталып келип, Мырзакул мырзадан тараган Алсейит, Тынымсейит, андан берки Токтогул, Жаманак баатыр жөнүндө айтып келип, өзүн Жамангул баатырдын тукумдарынан болоорун белгилеп, кыдыктын баянын да айта кетти. Үй ээси Эсенгул да Атакандын айткандарына анда-санда кошумча кылып, кеп тизгинин кошо чоюп отурду.

      Бир далай санжыра санаттары айтылган соң Атакан:--“көлдөгү тынымсейит туугандар Нарын бетиндеги туугандарга кошулат элек, бир элдин тукумдары чогуу бир жерди жердесекпи деген максат менен Нарынга көчүп кетүүгө уруксат сурап оёзго кайрылыптыр. Ошого байланыштуу Чыныбай мырза көлдүк туугандары көчүп барса, конуш жер берип батырып алышаар бекен, Нарындагы тынымсейиттин буга ою кандай экен, барып сүйлөшүп кел деп мени сиздерге жиберди”,--деп үй ээсине суроолуу карады. Эсенгул:

      --Кудайдын жери кенен эмеспи, бир жатында жаткан эки уулдун тукуму экенбиз, биз турган жерде алар да турса жаман болмок беле. Токтогул менен Жаманактын балдары турмуштун андай-мындай оош-кыйыштары себеп болуп, бөлүнүшүп кеткен экен, Бир элдин чогуу болгону эле түзүк эмеспи. Бүгүн жатып эс алгыла, алыс жолдон чарчап келдиңер, эртең өргүп, буту-колуңарды чоюп сый көргүлө. Ал арада мен билермандарга көлдүк туугандардын оюн билдирип, эл-журтка кеңешип көрөлүк, жообун өзүң алар менен чогуу отуруп угуп кет”—деди.

      Мына ошентип тынымсейиттин жакшылары чогулуп, Атакандын көзүнчө көлдүктөр келсинби деп, ары кетип, бери кетип жатышып, акыры көчүп келишсин, тосуп алабыз деген бүтүмгө келишти. Атаканга мына ушул эле керек болчу. Ал өзүнүн түпкү максаты жаатында кенедей да шек алдырбай, Эсенгулга “силердин бүтүмүңөрдү оёзго айтып барам, ал да тынымсейиттин биригишин абдан каалап турат”,--деп ыраазычылык айтып кайра тартты. Жолдо келатып, Тоңдо Ыйсаныкына да, Аян Байзактыкына да түшүп, оёздун тапшырмасы менен Нарынга барып келатканын айтып, Көл менен Нарындагы тынымсейиттерди бириктирүүгө оёз дагы, Чыныбай мырза дагы ынтызар болуп жаткандыгын, эгер силер көчүп барсаңар нарындыктар тосуп алып конуш жер берерин, андан көрө көлдүк туугандар буга макул болушаар бекен деп нарындыктар өтүнүп жаткандыгын айтып өттү. Андан ары Атакан:

      --Кудай берип убакытты созбой көчүп келишсе, биз дагы бир бүтүн эл болуп, бир жерде чогуу турсак деген ниетибиз бар, көптөн күткөн тилегибиз орундалат эле дешип, силердин эле макулдугуңарды күтүп жатышат,--деп баса белгилеп кетти.

      Атакандын ортомчу болгон аракетине да, оёз менен Чыныбайдын тынымсейит үчүн көрүп жаткан камкордугуна да ыраазы экендиктерин Ыйса да, Аян Байзак да жашырышкан жок. Уезд башчысы тарабынан эле көрсөтмө болсо Он-Арча тарапка көчүп кетүүгө макул болушту. Ал эми Атакандын Тоңду бошотуп, ал жерге кыдыкты чогултуп келүүгө аракет кылып жаткан жашыруун, купуя сыры бар экендиги бул экөөнө тең белгисиз эле. Эки солдаттын коштоосундагы Атакан Жуукуга кайрылып, Нарындагы тынымсейиттерден кабар айтып, көргөн-билгендерин Абдыраман абага жетине албай кеп кылып отурду. Мурунтан эле боолголоп алган тилеги орундала турган болуп, тынымсейит туугандардын бул жактагылары да, тиги жактагылары да биригүүгө макул болуп жатышы, күңгөй-тескейге чачырап кеткен кыдыкты Тоңго алып келүү үчүн жан далбастап аракет кылып жаткан Атаканга терисине батпай ыраазы болгон Абдыраман аба “кудай Атаканга кубат берип, баштаган иши оңунан чыгып, элин Тоңго алып келип алса экен” деп кудайдан тилек кылып отурду. Жакшы бышкан баглан козунун этинен тоё жешип, кымызга суусун кандырышып, эртеси Атакан Караколго жүрүп кетти. Абдыраман аба батасын берип, эл тагдыры үчүн жанын сабап жүргөн Атаканды карегинен жашын тегеретип, чоң үмүт менен узатып кала берди.

      Атакан өтө шашылып жол жүрүп келди. Ал Чыныбайга тезирээк жолугуп, Нарынга барып-келген иши тууралуу айтып берип, мынданг ары эмне кылуу керек экендигин такташып, оёздун колу коюлуп, мөөрү басылган кагазды эртерээк колго тийгизүүнү самап турган. Атакан Чыныбайга кирип, ага болгонун болгондой, төкпөй-чачпай айтып берди. Чыныбай сөздү бөлбөй аягына чейин угуп отурду. Анда-санда жылмайып, баш ийкеп коюп жаткандыгынан Атакандын ишин жактырып, ыраазы болуп турганын билүүгө болот эле. Чыныыбай:

      --Тынымсейитти көндүрүпсүң, алардын көчүү-конуусуна байланыштуу ишти мен оёз менен кеңешип туруп чечем, алардын билермандарын мында чакыртып, алардын колуна оёздун буйругун тапшырам. Бул муну менен болсун, кеп өзүңдүн кыдыгыңда. Көл айланасынан аларды чогултуп келүү оңой иш эмес. Абдыраман деген абаң кыйын киши, акылы тунук, терең ойлогон, көптү көрүп, көптү билген киши эле, ошого кеңешип иш кылсаң жаман болбойт го, ишиң оңунан чыгып калгысы бардыр. Кыдыктын эстүү-баштуулары да жөн жатпас, жалпылап колдон-буттан алып жибергиле. Келип-кетип тур, колдон келген жардамымды аябаймын,--деп кеп-кеңешин айтып, уезд башчысынын буйругу жазылган кагазды өз колу менен Атаканга берип, аны ыраазы кылып чыгарды.

      Уезд башчысынын уруксат кагазын алган күндөн тартып, Атакандын жаны тынган жок, ары-бери чапкылап, үйүндө бир түнөсө сыртта үч түнөп жүрүп, өзү барган жерге өзү барып, өзү барбаган жерге тың, ишенимдүү жигиттерин жиберип, элди чогултуунун камында жүрдү. Ал кыдыктын ар кайсы ата уулдарынын билермандарын алдын-ала күн болжоп, Оргочорго чакыртты. Атакан жыйын өтө турган жерге чоң боз үй тиктирип, семиз бээ сойдуруп, конок камын көрдү.

      Атасы Бектиян, Абдыраман аба, Алыбай, Карбоз, Токсоба, Сарыгул жана Алматай Атакандын кашында жүрүп, ага кеп-кеңешин айтып, көмөгүн көрсөтүп турушту. Оргочордогу жыйынга жаанбайдан Абылай, Кудайырбек, жакшылыктан Саке, Борко, Кулбай, алдакеден Мүсүралы, жаныбектен Орок, кудайбактыдан Шамы, Ияз. жүдөөдөн Атамбек, беккулудан Жаркынбай, кутчудан Мүсүралы, майназардан Осек менен Маалы, мусадан Намазбай жана башкалар катышкан экен. Алар ийри отуруп, түз кеңешип, бир ооздон макулдукка келишти. Тынымсейит көчүп кеткенден кийин алыс-жакын дебей кабарлашып туруп, айыл-айыл болуп Тоңго барып жайгашмакчы болушту. Көчүү-конуу иштерин элге кабарлап, аны ирээти менен ишке ашырууну жана көчүп келгендерге жер бөлүп берип жайгаштырууну Атакан өз мойнуна алды. Буга чейин эле б.а. XIX кылымдын 60-жылдарында Тоңдогу тынымсейиттердин айрым үй-бүлөлөрү Нарынга көчө баштагандыгы тууралу маалыматтар бар. (Табылды Актан. “Тыныбек. Актан. Табылды.” Бишкек-2017. 101-104 беттер).

      Жыл мезгили күзгө таяп калганда тынымсейиттер Нарын бетине четинен көчө башташты. Эл эмеспи, көпчүлүк болгон жерде айрымдары буга нааразы болушуп, киндик кан тамган жерибизден көчпөйбүз дегендер да болбой койгон жок. Аларды Караколдон келген куралдуу аскердик отряддын күчү менен көчүрүүгө туура келди. Ошентип, Нарын мындан ары карай түбөлүк ата конушубуз болот дешип, бир тынымсейит тукумдары Токтогул менен Жаманактын тукумдары кошулуп, Он-Арча суусунан Эки – Нарынга чейинки аймактарга чачырап жайгашып, көлдүк, нарындык дебей, айыл-айыл, урук-урук болуп, Нарын суусунун күңгөй тарабын бүт ээлеп туруп калышат. Кийин булар орус бийлигинин буйругу менен Он-Арчада өзүнчө болуштук түзүшөт. Тоңдогу тынымсейиттердин ичинен Токтомуштун бир аялы Буурчак энеден тараган “Беш балалар” көчпөй калып калышкан экен. Мунун себебин төркүнү беш бала Какей кызы Сонун айтып жүрчү экен.

      Сонун эне 1864-жылы төрөлүп, 1970-жылы 107 жаш курагында кайтыш болуптур, санжыраны жакшы билген киши экен. Ал кишинин айтуусу боюнча Токтомуштун Буурчак энеден туулган алты баласынын бири Мамат. Буурчак эненин уулдары эл ичинде “беш бала” деген аталыш менен белгилүү. Маматтын уулдарынын бири—Кары. Карынын Эсенгул, Кийикбай, Кыштообай, Эликбай деген төрт уулу жана Седеке деген кызы болгон экен.Эркек баласы болбогондуктан Кийикбай байбичеси Алмакан экөө Эсенгулдун баласы Какейди асырап алышат. Ушул Какейдин кызы -- биз сөз кылып жаткан Сонун эне.

      Атакан бойго жеткенде Бектиян калың мал айдатып барып, Карынын кызы Седекеге куда түшүп, аны уулуна алып берген экен. Демек, беш бала Кары Атакандын кайнатасы болот. Атакан менен Седеке Алмейиз, Кадыркул деген уулдарды көрүп, Акылай деген кыздуу болушат. Акылай нарындык тынымсейиттерге (азыркы Куйбышев айылы) турмушка чыгыптыр. Атакан Карынын күйөө баласы болгондуктан жана анын уезд башчысынын орун басары Чыныбай менен мамилеси жакшы экендигинен пайдаланып, беш бала тукумдары Нарын бетине көчүрбөө тууралу Атаканга кайрылышкан экен. Ошентип., күйөө баласы Атакандын кийлигишүүсү менен беш балалар Тоңдо кала беришиптир. Кийин беш бала Кийикбайдын уулу Какейдин кызы Сонунду (санжырачыны) сөөк жаңыртабыз дешип, Атакандын небересине Кадыркулдун уулу Чочойго алып беришиптир.


                           КЫДЫК УРУУСУНУН ТОҢГО КӨЧҮП КЕЛИШИ                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыдыктарды Оргочордун айланасына чогултуп келүү камылгасы көрүлүп жаткан мезгилде Абдырамандын үй-бүлөсү күтүлбөгөн оор кырсыкка кабылды. Ак-Шыйрак тарапта аңчылыктан келип, Токсоба таза туруп эле көз жумду. Ошондо ал кырктын кырына жаңы илинген куракта экен. Санжырачылардын айтымында ага кайберендин каргышы тийген дешет. Тогуз аял алса да ал туяксыз өтүптүр. Токсобанын өлүмү жалпы эле кыдык уруусу үчүн өтө оор жоготуу болду. Эл урууну калыбына келтирип, биримдик менен ынтымакты орнотуу үчүн жан аябай аракет кылып жүргөн эр-азамат уулдарынын биринен ажырады.

      Тынымсейит Нарынга көчүп кеткенден кийин мурда алар турган жер бош калып, кийи нки жылы жаз келээри менен кыдыктардын алды көчүп келе баштады. Мурдатан макулдашкандай ар атанын уулдары урук-урук, айыл-айыл болуп, Оргочордун күңгөй бетиндеги адырларды этектей келип, топтоло башташкан эле. Күңгөй тараптагы жана Көл башындагы, ал тургай Каркыра тараптагы бир кыйла алыскы аймактарга чейин чачыраган элдин чогулуп келүүсү узак убакытты камтып, кыйынчылыктар менен коштолуп турду. Анын үстүнө аралыктын алыстыгы да көчүп-конууга таасирин тийгизбей койгон жок.

      Бирок, мезгил күтпөйт эле, убакытты өткөрбөй, келип жыйналып жаткандарды Атакан чет-четинен Тоңго көчүрө бермек болду. Алгачкылардан болуп Атакан баштаган Ырыскулу-Көкүмдүн тукумдары, аларды улай эле жалпы Жаанбай менен Жакшылыктын уруктары биринин артынан бири козголуп. Кажы-Сазга, Таш-Дөбөгө, Корумдуга жана ушуларга жакын аймактарга жүк түшүрүп жатышты. Бул учурда Атакан баштаган жигиттер үй көрбөй күндөп-түндөп жүрүшүп, улам көчүп келгендерге ирээти менен жер бөлүштүрүп, дагы келе тургандарына “ата уулдарына” ылайыктап жер калтырып коюп жатышты.

      Оргочорго топтолуп келген эл жаңыдан көчө баштаган күнү Абдыраман аба Бектияндын айылына келип:

      --Көчтү адегенде Атакан баштасын, жаанбай тукумдарынын көбү чачырабай айылдары жамаатташ болуп турбайбы, көзгө караандуу көрүнүп, мал-жанды чогуу айдап, көчтүн сөөлөтүн сактап баргыла, башкалардын көз алдында кыдыктын аброю көтөрүлүп калсын,--дегенде Атакан:

      --Сиз турганда биздин бириинчи болуп козголгонубуз кандай болоор экен. Жуукунун оозунан сиздин айылдын көчү чыкканда, анын артынан улайт элек. Акжолтой элеңиз, сиз баштаңыз,--деп адеп сактады.

      --Ээ балам, жаңы барып конуш кылчу жерге сен биринчи бар. Ушул чоң иштин башында сен жүрдүң, эми көчтүн алдын да өзүң башта,--деп Абдыраман аба чогулган элге кайрылып сөзүн андан ары улады:

      --Атакандын ызаат кылганына ырахмат! Акжолтойлуктун ырымы карыда эмес, жаш кишиде көбүрөөк болот, жаш болсо да элге кызматы өтүп калды, Атакан баштасын. Көч байсалдуу болуп, көчүп барып конуш алган жерибиз жайлуу болуп, Кыдык атанын балдары ошол жерде өнүп-өсүп, башкалар менен тең болуп, мындан ары эл башына жаманчылык келбей жакшылык орносун!,--деп батасын берди. Эл чурулдап, коштоп бата кылышты.

      --Атакан,--деди Абдыраман аба,--мен эл текши көчүп бүткөндөн кийин барайын. Токсобанын көзү өтүп, суксур азалуу болуп турат. Каралуу көч кылбай Токсобанын ашын берип, куранын окуткан соң козгололу, барган элге жерди калыстык менен бөлүп, айыл-айыл кылып конушун туура тандап бер.

      --Айтканыңызда калет жок, аба. Эми сизге кайсы жер, кандай конуш ылайыктуу болоор эле,--деди Атакан.

      --“Эл башы болгончо суу башы бол” деген кеп бар эмеспи, башы суу менен башталып, аягы суу менен бүткөн жер болсо, ошол жер мага ылайык, ушуну эсиңе алып койсоң эле болду,--деп Абдыраман аба сөзүн бүтүрдү.

      Кыдык уруусунун Тоң жергесине көчүп-конуу мезгили болжол менен XIX кылымдын 70-жылдарынын орто ченинен башталып, 80-жылдарынын башына чейин созулуп, бул процесс 5-6 жылдык мөөнөттү кучагына алган.

      Жунуш уулу Урмамбет атабыз:-- “биз Тоңго көчүп келгенде мен эки жаштан өтүп калган бала экемин”—деп айтчу экен. Урмамбет чоң ата 1877-жылы туулуп, 1962-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал киши Абдыраман абанын небереси болот. Демек, Абдыраман аба баштаган суксурлар 1880-жылы кыдык ичинде акыркылардан болуп көчүп келишкен. Мына ушуну менен кыдык уруусунун Тоңго көчүп-конуусу аяктаган.

      Атакан алдакеден Карбоз, жакшылыктан борбу уулунан Саке, улак уулунан Түмөнбай, кожомбердиден Борко сыяктуу аттуу-баштуулар менен бирге көчүп келгендерге жер бөлүштүрүп, аларды жайгаштырып жатышты. Бирок, бул иштерди жүргүзүүгө көп күч аракет кетти, машакаттуу убаракерчиликке толгон убакыт жумшалды. Мунун баары оңой-олтоң иш эмес эле, көп кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр, нааразычылыктар болду. Жер бөлүштүрүүдөгү айрым нааразычылыктар тууралу санжырада да айтылат. Мында Атакан менен нааразылашкан эки адамдын ысымын атап жүрүшөт. Айрым санжырачылар Кутчуларга Тоңдун ичин бергенде алардын билерманы Мүсүралы Атаканга нааразы болгондо Атакан—“Кенен десең Ысык-Көлдүн бетине бар, тар десең Тастар-Атанын чокусуна бар, таарынсаң Таласыңа бар”—деп айткан дешсе, айрымдары Мүсүралы эмес Саке нааразы болуп, чатак чыгарганда—“түз десең Ысык-Көлдүн үстүн ал, бийик десең Тастар-Атанын чокусун ал, болбосо атаңдын башын ал”—деп айткан деп жүрүшөт. Ошого карабастан уруу башчылары өз ара мунасага келишип, жерди колдон келишинче калыстык менен бөлүштүрүп, тиешелүү уруктарды жайгаштырышкан.

      Жаанбайдан тараган мендебай, бейиш, эркесары тукумдарына жалпысынан Сары- Талаадан тартып, Кажы-Саз, Корумдуга чейинки кеңири аймак тийип, ошолордун ичинен Атакан Ырыскулуга көл жээгинен Сары-Талаадан Сөгөттүгө чейинки жерлерди, тоо бетинде Сөгөттүдөн Көл-Белдин берки тарабындагы Корумдунун суусуна чейинки жайлоолорду берген. Көкүмгө болсо үстүңкү өрөөндө Корумдунун суусунан Көл-Белдин кырына чейинки, астыңкы өрөөндө Сөгөттүдөн Кажы-Сайга чейинки жерлер берилген.

      Атакан өзүнө эң кооз, эң ыңгайлуу Бугуту деген жерди конуш кылган экен. Жаанбайдан тараган мендебей, бейиш, Эркесарынын тукумдарына жамаатташ болуп, Кош- Дөбөдөн Кекиликтин чатына чейин жакшылыктын Кожомберди, Азарбек, Черикчи тукумдары орун алышты. Кызыл-Чекке Түлөгулдар, Туура-Тамдан Тоң суусунун оң жээгине чейин жалгап, Кара-Тумшук, Туура-Суу аймактарына Курмандын, Эсирдин жана Боконун тукумдары Тоң суусунун сол жээгиндеги аймактарга жана Кара-Жалга Жейренбай, ошондой эле Торгойдун Бектемир, Бекназар жана Муса уулдарынын тукумдары, Ак-Бакшынын оозунан тартып, үч суунун (Тоң, Ак-Сай, Кара-Суу) куймасына чейин кутчулар таралып жайгашты. Торгойдун Беккулу тукумдарына үстүңкү өрөөндөгү Көңдөй, астыңкы өрөөндөн Бүркүттүн оюнан Кызыл-Коогог чейинки жерлер тийди. Кызыл-Дөбө, Көк-Сай жана Ак-Сай аймактарына Жаныбектин, Кудайбактынын жана Алдакенин тукумдары жайгаштырылды. Булар менен аралаш Атакандын кайындары болгон беш баланын түтүндөрү орун алышты.

      Жаанбай атабыздын экинчи аялынан тараган суксурлар Абдыраман абанын башчылыгы менен келип, Жер-Үй өрөөнүнө жана Ак-Сайдын этегинен Кароол-Дөбөгө чейинки жерлерге жайгаштырылды. Абдыраман аба суксурдун ар бир ата уулунан бирден ишенимдүү киши алып, аларга жер бөлүштүрүп берди. “Башы суу менен башталып, аягы суу менен бүткөн жер болсо” деген устатынын өтүнүчүн Атакан мына ушинтип орундаткан экен. Абдыраман аба:- “мал-жанга саздуу, өлөң чөптүү жер керек эмеспи, жазгысын эрте көктөйт”—деп, Сары-Ортоктун этегиндеги жерге үйүн тиктирген дейт. Мына ошондон тартып бул жер “Абдырамандын сазы” деп аталып калган. Туш тарабынан боз үйдүн керегесине окшогон тоолор курчап, кышында катыраң суугу жок, жайында кактаган ысыгы жок, конушту тең жара агып өткөн мөңгүдөн түшкөн күркүрөгөн суусу бар жер Абдыраман абанын конушу болгон.

      Бул жылдары кыдыктар менен чогуу жашап, алыш-бериш кылып, ал тургай керек болсо кыдыктын санын көбөйтүп, камчысын чаап жүрүшкөн айрым башка уруулардын өкүлдөрү да чогуу көчүп келишип, аралаш туруп калышты. Кийинчерээк, арадан жылдар өткөндөн кийин андай-мындай себептер менен айрым уруктардын жер которуу учурлары болгон. Жакшылыктын азарбек, кожомберди уулдары Кара-Сууга, кутчулар болсо, Тоңдун ичине жер которушкан. Алматай ажынын кийлигишүүсү менен аларга үстүңкү өрөөндөн Көк-Булак, Ашуу-Төр, Туюк-Төр, Сары-Жон, Кырчын деген жерлер берилген. Жаныбек уругунун Көк-Сай, Жер-Үйдөн Төрт-Күлдүн Кара-Жалына кетүүсү тууралу эл ичинде мындай уламыш айтылып жүрөт:

      ...Күндөрдүн биринде кудайбакты уругунан сексенден өтүп, токсонду такап калган бир байбиче жаныбектин үйүнөн анча-мынча талкан алып чыгыпп келаткан экен. Ошол убакта ушул үйдүн көпкөн жигити (ысымы айтылбайт) үйдөн чыгып келаткан кемпирди түртүп жиберет экен. Кемпир босого жыгачка чалынып жыгылып, каза болуп калыптыр. Ушуга байланыштуу эки уруктун ортосунда чыр чыгып, кудайбактылар өлгөн байбиче үчүн кун төлөп берүүнү талап кылышат. Суксур Обонбай бий байбиченин куну үчүн 40 байтал айып төлөп берүү тууралу бүтүм чыгарат экен. Жаныбектер айыпты төлөп, кудайбактылар кун алса деле чырдын учугу үзүлбөй, эл ичинде нааразычылыктар токтобой коюптур.

      Алматай атайын Көк-Сайга келип, чатактын чоо-жайы менен таанышкандан кийин Обонбай экөө кеңешип отуруп, нааразычылык бала-бакырага чейин жетип, келечекте элдин ынтымагына доо кетпесин деп. жаныбек уруусун Кара-Жалдагы кытайларга жамаатташ кылып көчүрүү тууралу сунуш киргизишет. Торгой ичиндеги мусанын Шабдан деген билерманы бар экен, Алматай ошого келип, кырдаалды түшүндүрүп:

      --Жаныбектин энеси Айкүмүштүн төркүнү кытай эмеспи, эженин арбагы үчүн анын тукумдарын жамаатташ кылып албайсыңарбы, кезегинде кыдык деле кытайга койнун ачып ичине батырбады беле. Дөөтү колдоп, буудай, арпа чайнаткан, ун, талкан элеткен Тото деген тегирменчиси, аяк, табак, сузгу кырган жыгаччы, боз үй жасаган түндүкчү Сазан деген устасы бар экен,-- дегенде Шабдан кытайдын билермандары менен кеңешип турушуп, макулдук беришкен экен. Ошентип, жаныбектер Көк-Сайдан Кара-Жалга көчүп келишиптир.

      Азарбек, Кожомберди тукумдарын Кара-Сууга торгойлор менен жамаатташ кылып, Борко бий Таштан уулу көчүрүп келген экен. Мунун себебин, анын Саке ажы Ыманбек уулу менен болгон нааразычылыгынан чыккан чатактан деп айтып жүрүшөт. Санжырачы аталарыбыздын айтымында суксурлардын көчү Жуукудан чыгып келе жатканда көл жэгинен бир аз өйдөрөөк жерде 6-7 төө оттоп жүргөн экен. Төөлөргө көзү түшкөн Абдыраман кимдин төөсү болду экен деп кызыгып көрдү эле, ал төөлөр Чыныбайдыкы болуп чыкты. Абдыраман аба жанындагы жигити Бөлөкбайга “Чыныбайдыкы экени чын болсо, көчкө кошуп айдап келгиле”—деп табыштаган экен. Ошентип Чыныбайдын төөлөрүн Абдыраман аба Тоңго көчкө кошуп айдаттырып алган экен. Көч менен кошо келген төөлөрдү Ачык-Таштын ичин өрдөтүп тиреп салышты. Бул жердеги калың черден эч нерсе көрүнбөйт эле. Төөлөрдү издеп артынан киши келээрин сезген Абдыраман аба коктунун оозуна атайын сак-сактатып киши койдуруп, төөлөр тууралу ооздон кенедей да сөз чыкпасын деп буюрду.

      Арадан эки күн өтүп-өтпөй болжогондой эле бул аймакта чоочун эки атчан пайда болду. Ат үстүнөн колун серепчилеп, туш тарапка шашпай көз жүгүрткөн экөө жай бастырып келип Абдырамандыкына түшүп калышты. Булардын оюнда эмне бар экенин жакшы билип турган Абдыраман алардын ким экендигин, эмне иш менен жүрүшкөнүн сураган жок. Дасторкон жайылып, аяк сунулгандан кийин жигиттердин улуурагы көрүнөт, өйдө жакта отурганы кеп баштады:

      --Бизди Чыныбай мырза жиберди, абадан кабар алып келгиле, ат-көлүгү аман-эсен, кырсыктан сырткары көчүп барыптырбы, кайсы жерге, кандай жайгашыптыр билип, ал-жайын сурап келгиле деп табыштады эле,--деп жылмайыңкы түр көрсөтүп, Абдыраманга карады.

      --Чыныбай мырзанын биз үчүн кабатырланганына ырахмат! Жакшы келип жеттик, кудай буюрса келген жерибиз жаман жер эмес экен. Арабыз гана алысыраак болуп калды көрүнөт. Эч нерсе эмес, катышып, көрүшүп турарбыз,--деп Абдыраман аба ыраазы болгон маанайда жооп узатты. Бир козу союп, сый көрсөтүп, шек билдирген жок. Чыныбайдын эки жигитинин баскан-турганы, сүйлөшкөн сөздөрүнө чейин тыкыр байкоого алынды. Бирок алар өздөрү эч нерседен шек алышкан жок. Издеп келген төөлөрүнөн шек-шыбаа билинбегенден кийин жигиттер төө жөнүндө ооз ачышпай келген жолуна түшүштү.

      Күзүндө Абдыраман аба Ачык-Ташка чыгарылган төөлөрдү айдап түшүртүп, арасынан тандап бирөөнү сойдуруп, кыдыктын ар уругунан билермандарды чакыртып конок кылды. Абдыраман аба сый көрүп кетип жаткандарга төөлөрдөн бирден таратып берип:

      --“Чыныбайга болгон ич күптүңөр ушуну менен чыгып кетсин , Алды кийин бала-бакыра эл чогулган топ жыйындарда нааразычылык ишке барышпасын. Эми Чыныбайдан колуңарды тартып, оозуңарды багып жүргүлө”—деп өтүнүч кылган экен.

      Кыдык ичинде Жаанбай атанын тукумдары “Үстүңкү Жаанбай”, “Астыңкы Жаанбай” болуп бөлүнүшөт. Булардын минтип калышы, Жаанбайдын Суксур энеден тараган тукумдары Тоңдун үстүңкү өрөөнүндө, ал эми Жаанбайдын мендебай, бейиш жана Эркесарыдан тарагандары Тоңдун астыңкы өрөөнүндө, башкача айтканда азыркы Бөкөнбаев, Тоң жана Коргонду-Булак айылдарында жашап калышы менен байланыштуу болгон. Мындан тышкары жалпы жонунан Жаанбай тукумдарын “Жазы Жаанбай” деп да аташат.


                           ТОҢ БОЛУШТУГУН ТҮЗҮҮ. АТАКАН БОЛУШ                                                                                                           (Мазмунга)

      Тоңго көчүп келгенден кийин кыдыктын урук башчылары биринчи кезекте Атакан Бектиян уулу Тоңдо өзүнчө болуштук түзүү максатын көздөшкөн. Болуштук башкарууну түзүү жана болуш башчысын шайлоо тууралу мыйзам жоболор менен эч кандай кабары жок туруп эле, ал өз мүдөөсүн ишке ашырмак болду. Кыдыктын билермандары Бугутудагы Атакандыкына келишип,, аны болуш кылып шайлап алалы деген сунушун билдиришкенде, Атакан андан баш тарткан жок, дароо макулдугун берди.

      Кыдыктын жакшылары шайлоо тууралу ар кимиси өз уруулаштарына кабарлап, бир жумадан кийин жалпы кыдык чогулуп, таш салбай эле болуш шайлашмак болуп тарашты. Ар кимисинин көкүрөгүндө Атаканды болуштукка шайлаймын деген ишеним турду. Болжогон күнү эл Атакандын айылына тегиз жыйналып келди. Бул жерде ар бир ата уулунан “мен Атаканды шайлаймын” дегендер келишкен эле. Ошентип, эл таш салбай, эсеп-чотун албай эле дүркүрөп Атаканды болуш кылып шайлап алышты.

      Алдакеден Карбоз, беккулудан Чыны, майназардан Алматай, кудайбактыдан Кыдыралы менен Сарыгул, черикчиден Түмөнбай, Борбу уулунан Саке сыяктуу бир катар эл жакшылары суксур Абдыраман абаны тегеректеп отурушту эле:

      --Аба, өзүңүз баш тоголотуп, аны кылгыла, муну кылгыла деп жол көрсөтүп келдиңиз. Ошонуңузга жараша “шилекей кайтты” кылдык көрүнөт. Атаканыңыз таманы тешилгенче чуркап жүрүп, акыры акыбети кайтып элин чогултуп алды. Минтип болуш кылып алдык. Кудайдын мунусуна да шүгүр. Мындан ары жолубуз шыдыр кетип, Атакан акжолтой болуш болсо деген тилегибиз бар, элиңиздин атынан бата бери койбойсузбу, --деп калышты.

      Дуулдаган жаш жигиттердин өзүнчө бир чоң тобу Атаканды тегеректеп алып, семиз ак боз бээни коштой жетелеп келип калышты. Атакан атынан түшүп, уй мүйүз тарта отурган аксакал, көксакал эл жакшыларынын алдына келип, башын ийип оң колун көкүрөгүнө коюп тура калды. Ошол шайлоого чогулган элдин өтүнүчү менен Абдыраман аба элге кайрылып:

      --Оо калдайган калың журт! Бир кезде калың бугу ичинде жети атадан куралган, калдайган караандуу эл элек. Кыдык деп ураан чакырып, башкаларга тең элек. Кечээ Чыныбайдын айынан тынч жүрбөйт экен булар деп туш тарапка чачылдык. Кыйырыбыздан ажырап кыйын күнгө кабылдык. Эми элим, мээнетиң кетип, дөөлөтүң келип, башыңа бак конду.Эки тизгин бир чылбыр өз колуңа топтолду.Бүгүн минтип кайра чогулуп, бир бүтүн эл болдук. Тоңго келип, конуш тандап жерибизге ээ болдук. Кудай ушуну кут кылсын!

      Эми, Атакан балам, элиңдин сага берээр батасын ук. Кулагыңа куюп, жадыңа түйүп ал. Оомийин, Адал иштеп, ак сүйлөп элиң менен бол. Аштык айдап, мал багып жериң менен бол.Элиң өсүп өйдөлөсө өр жолунда өбөк бол. Элиң чөгүп ылдыйласа тар жолунда жөлөк бол. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк деген ушул. Калпыс болбой, калыс бол. Арам иштен алыс бол! Тууганды сүйүнтүп, душманды күйүнтүп элиңе намыс бол. Аллохуакбар!,--деп шайланган болуш Атаканга бата берген экен. Абдыраман аба алакан жайып бата берип жатканда кошо алакан жайган калың эл бир кудайдан жакшылык тилеп, дүркүрөп бата беришти.

      Ал күндөгү болуш шайлоону шайлоо эле эмес. түлөө катары кабылдап, ак боз бээге кошуп союлган дагы эки бодонун этине тоюп, калың эл күн кылкылдап батып бараткан маалда жай-жайына тарап кетти. Бул окуя 1882-жылы жайында болгон экен. Ошондон кийин Кажы-Сайдагы шайлоону Атакандын болуш болгонун белгилеп, аны бекитип берүү өтүнүчү менен уезддин башчысына кат жөнөтүлгөн.

      Шайлоо өткөрүүнүн жол-жобосун жергиликтүү эл түшүнбөгөндүктөн жана ал мыйзамсыз өткөрүлгөндүктөн уезддик бийлик элдин бул өтүнүчүн канааттандырган эмес. Уезд башчысынын атайын жиберүүсү менен бул учурда жардамчы болбой калса да Тилекмат уулу Чыныбай Тоңго келген. Анын Атакан менен түзүк мамиледе экендигин уезд башчысы билгендиктен кыдыктын билермандары менен айрыкча Атакан менен тил табышып кетээр деген ой менен дал ошол Чыныбайды жиберген көрүнөт.

      Ал Атакандын үйүндө кыдыктын урук башчылары менен жолугуп, уезд башчысынын атынан шайлоонун мыйзамсыз өткөнүн белгилеп,Ысык-Көл уездинин бардык болуштуктарында кийинки жылы кезектеги шайлоолор өткөрүлөөрүн айтып, кыдыктын билермандарына болушту ошондо шайлоо керектигин түшүндүрүп кайтты.

      Жети-Суу областында 1882-жылы жаңы административдик реформа жүргүзүлдү. Ушул реформага ылайык болуштуктардын аймактары кайрадан бөлүштүрүлүп, алардын аттары да өзгөртүлгөн. Бул административдик реформанын негизинде Ысык-Көл уездинде Тоң болуштугу түзүлгөн.

      Болуштуктун курамына ар кайсы чөлкөмдөрдө өз-өзүнчө жайгашкан тигил же бул уруктар менен ата уулдарынын түтүндөрү эсепке алынып, атайын номерлер менен белгиленген айылдар киргизилген. Тоң болуштугунун карамагында беш айыл болгон. 1883-жылдын башында Тоң болуштугунда шайлоо өткөрүлгөн. Мыйзамга ылайык болуш башчылыгына Атакан Бектиян уулунун (Жаанбай уругу, бейиш уулунан) жана Саке Ыманбек уулунун (жакшылык уругу, борбу уулунан) талапкердиги көрсөтүлгөн. Булардан башка айыл бийлери да шайланууга тийиш болгон.

      Шайлоого уезд башчысы баш болгон администрация өкүлдөрү катышып отурушту. Добуш берүү мурдатан айылдардан шайланып келген элүү башылар тарабынан ишке ашырылмак. Атайын даярдалган кутуга ак жана кара түстөгү таштар салынып, ак түстөгү таш “макул” дегенди, ал эми кара түстөгү таш “каршы” дегенди билдирген. Шайлоодо добуштардын санын эсептегенде Атакан Бектиян уулуна “макул” дегенди билдирген таштар көбүрөөк салынып, натыйжада болуш башкаруучу болуп Атакан Бектиян уулу, орун басарлыкка Саке Ыманбек уулу шайланышкан.

      Айыл бийлери болуп, №1-айылга Мамырбек Сарымсак уулу, №2-айылга Мүсүралы Сагындык уулу, №3-айылга Борко Таштан уулу, №4-айылга Кулбарак Байкожо уулу жана №5-айылга Жамгырчы Карбоз уулу шайланышкан. Булардын ар бири өз айылдарында кадыр-баркы бар, кыдык ичинде төбөсү көрүнгөн инсандар болушкан. Шайлоонун жыйынтыктары чыгарылгандан кийин ага уезд башчысы кол коюп, мөөрүн басып, жогору жакка бекитүүгө жөнөтүлгөн.

      Ысык-Көл уездиндеги шайлоолордун жыйынтыктарын бекитүү тууралу Верный шаарында 1883-жылдын 3-мартында Жети-Суу аскер-губернаторунун №42-буйругу чыккан.

      Мына ошентипп кыдык уруусунун көптөн берки эңсеп келген тилеги ишке ашып, административдик бирдик катары Тоң болуштугу мыйзамдуу түрдө жашай баштаган. Мына ушул окуядан бери бир жарым кылымга жакын мезгил өтүп, ортодо 5-6 муун алмашып, бардык ушул мезгилдерде кыдыктын урпактары Тоңду “ата конушум, киндик каным тамган ыйык мекеним” деп сезүү менен тоңдук болуп калганына сыймыктанып жашап келишет. Мына ошентип алар Тоң жергесин биротоло мекендеп калышты.

      Кыдык жыйналып келип Тоңдун аймагындагы чыгышы Сары-Талаадан батышы Мыярдын белине чейинки аралыктагы жерлерге асты- үстү менен жайгашкан. Бул окуянын ары жак бери жагындагы мезгилдерде көл айланасындагы уруктарда бир катар жер которуулар болуп өттү. Мурда Ат-Башынын Көк-Күмбөзүнө көчүп кеткен Өмүрзак Боромбай уулу менен Чоңкарач Ракмат уулунун айылдары ал жердин катаал шарттарына чыдабай, 2-3 жыл кыштап көрүп, көп малынан ажырап көлгө кайра келишти. Садыр Жолболду уулу Текестеги саяктарды көчүрүп келип, булар көлдүн күңгөйүнө жайгашты. Жети-Өгүздүн Дарханында турган алагөз-каба саяктары кудайменде Абылай Тойчубек уулунун, серең Моңош Бердибек уулунун, каракучкач Жаныбек ырчынын, досой Карасубан баатырдын Жети-Суу областынын аскер-губернаторуна чейин барган аракеттеринен кийин Тоңдун астыңкы өрөөнүндө Ак-Теректен Кара-Талаага чейинки, үстүңкү өрөөнүндөгү Тогуз-Булактан Туура-Сууга чейинки жерлерге барып орун алышты. Арык тукуму ичинде түтүндүн санына ылйык экинчи болуштукту түзүүгө байланыштуу болгон нааразычылыктан улам Кененбай Байтүгөл уулу баштаган арык тукумунун бир бөлүгү Семиз-Бел өрөөнүнө көчүп барып, Оттук, Ак-Өлөң, Көк-Мойнок, Орто-Токой жана Кочкордун Кара-Күңгөйүнө чейин таралып орун алышты. Уруктар ортосундагы чек араларды ажыратып, мунун жүрүшүндө келип чыккан убактылуу талаш-тартыштарды чечип жана ошондон кийин гана жаңы болуштуктарды түзүү оңой-олтоң эле боло койгон эмес. Мына ушундай ары жооптуу да, ары олуттуу да ишти чечүүдө уезд башчысынын жардамчысы катары Чыныбай Тилекмат уулунан көп күч-аракет талап кылынган. Түзүлгөн жаңы өзгөрүүлөргө байланыштуу Ысык-Көл уездинде бир катар болуштуктар кайра уюштурулду. Ошентип эми болуштуктардын жалпы саны 14кө жетти.

      Көл аймагында буга чейин 1867-жылы түзүлгөн 7 болуштук өкүм сүрүп келсе, эми кайра уюштурулган болуштуктардын саны Нарын тараптагыларды кошпогондо 10 болуштук болду. Бул болуштуктар белгилүү бир аймакты ээлеп турушкан уруктардын эсебинен калктын санын эсепке алуу менен (миң түтүн) уюштурулган. Ошондо көл айланасындагы эл Тоң аймагындагы кыдык уруусу бир болуштукту түздү. Барскон, Тосор жана Жаргылчактагы бапа, желдең бир болуш, Кең-Суудагы Алыбай менен Шапак тукумдары бир болуш, Өмүрзак менен Чоңкарач баштаган Салмаке жана Жаркын тукумдары бир болуш, Күрмөнтүдөгү “майда белектер” бир болуш, күңгөйлүк саяк бир болуш, Көтмалдыдан ары карай Надырбек, Таздарга, Тогузбайды кошуп бир болуш. Тоңдогу саяк (алагөз-каба) бир болуш, арык тукуму Семиз-Белде бир болуш, калган арык тукуму Түргөндө өзүнчө бир болуштукту түзүп турушкан.

      Тоңдо кыдыктар өзүнчө болуштук түзүп, ал мыйзамдуу түрдө бекигенден кийин Атаканды Караколго Ысык-Көл уездинин башчысына чакыртышты. Атаканды кабыл алып, уезд башчысы ага атайын оюлуп жазылган Тоң болуштугунун мөөрүн тапшырды.

      Атакан да өз кезегинде куру кол барбай, бир жакшы ат жетелетип барып, кыдык уруусунун атынан ыраазычылык билдирип, Чыныбайга атты тартуулап анын көңүлүн алып келген экен.

      Атакан болуштук бийлигин колдон келишинче элге жакын болуу үчүн аракет кылып, алысым эле, жакыным эле дебей элди бөлүп-жарбай калыстык менен мамиле кылып, жалпы кыдыктын биримдиги менен ынтымагы үчүн тикесинен тик туруп жүргүздү. Айрым пикир келишпестиктер, талаш-тартыш маселелерди чечүүнү толугу менен бийлердин кароосуна коюп, алардын иштерине ыксыз эле кийлигише бербей, көпчүлүк учурларда алардын пикирлерин да угуп, кеп-кеңешин алып турган. Атам замандан бери эле келе жаткан элдин каны-жанына сиңип калган уруулук-патриархалдык эрежелерден да кыйгап өтө алган эмес.

      Атакан болуштун айтканы айткандай, дегени дегендей болуп турган. Заң-мыйзамды бузгандар болсо, алардын ким экендигине, туугандыгына да карабай жазага тарткан, мында колунда бар бай адам болсо, ошонусуна жараша айып төлөгөн. Ал эми кембагал, колунда жок адамга анын чарк-чамасына карап туруп жаза берчү экен. Ушунун өзүн ал бийлерден да талап кылчу экен. Жаратылышка аяр мамиле кыла турган, айрыкча жайыттарды туура пайдаланууга көңүл буруп, жыл мезгилдерине ылайык көчүп-конуу жаатында байлардын аракеттерине өзү көз салып, бир жерде “сары журт” болуп отура бергендерге жол бербөө үчүн чара колдончу дешет. Чарасы эле ушул, Атакан болуш алардын малынын эсебинен же жылкы, же кой деп өндүрүп, алып көбүнчө колунда жок кедей-кембагал бүлөлөргө ошол өндүрүлгөн малдан жардам берчү дешет.

      Жаратылышты коргоо демекчи, табылгы кыйып жүктөп келгендиги үчүн жакын туугандарынын бири Бердаалы уулу Бекбайды бийлердин сотуна берип, айып төлөткөн деп эл ичинде айтылып жүрөт. Атакан болуш ыстарчындардын, элүү башылардын иштерине дайыма көз салып, алардын эл арасындагы иштерине калыс жана адилеттүү баа берчү экен. Мисалы, Атакан болуштун жогорку бийликтегилерге жөнөткөн өтүнүч катынын негизинде №3-айылдын бийи Борко Таштан уулу 1885-жылы Түркстан (талаа) генерал-губернатору тарабынан 3-разряддагы баалуу чапан менен сыйланган.Болжол менен 1883-жылдын орто ченинде Атакандын атасы Карача уулу Бектиян көз жумган экен. Бул кишинин кыдык ичиндеги аброю, кадыр-баркы жана анын инсандык сапаттары тууралу буга чейин да жазып кеттик эле. Ата-бабадан бери келаткан салтты сактап, Атакан болуш атасына аш бермек болду. Ашка даярдык көрүү, уюштуруу жана аны өткөрүү тууралу Бугутудагы үйүнө кыдыктын аттуу-баштууларын чакырып, атайылап тигилген келишимдүү, жасалгалуу ак өргөөгө киргизди. Үйгө киргендер төрдөн тартып эки капшытты бойлой кабатталып салынган көрпө көлдөлөңдөрдөн орун алып, улуулата отурушту. Кенен жайылган дасторкон үстүндө додолонгон боорсок, томурулган сары май, канттан даам татып отурушуп, кеңеш курулуп, боло турган иштин чоо-жайы айтылды. Ал ортодо дасторконго кол узатылып, чөөгүндөн сүттөгөн ысык чай ичилип, көөкөрдөн кымыз куюлуп сунулуп, сөз уланып, ар ким өз оюн айтып отурушту. Жайды аяктатып барып, күздүн башы менен күн жылуу болуп, ашууларга кар түшө электе, анын үстүнө мал нык семирип, казы-карта “чөйчөк” болуп турганда Бектияндын ашы берилмек болду. Ашка көл айланасынан тышкары Сары-Өзөн Чүйдөн, Нарындан, Жумгалдан, Кочкордон, Каркырадагы казактан чакырып, мейман алуу, өткөрүлө турган оюн-зоок, мелдештер белгиленип, байгелердин саны менен көлөмү аныкталды.

      Ат чабыштын баш байгесине миң кой сайылмак болуп, бул байгени төрт ата көкүм чыгармак болду. Мындан тышкары өткөрүлүүчү мелдештердин түрлөрү боюнча да байгелер белгиленип, алар калган мендебай, бейишке тапшырылды. Келе турган конокторду күтүп алууга тийиштүү бардык иштерди жалпы кыдык болгон жери урук-урук болуп чыгымына чейин көтөрмөй болду. Ары кетип, бери кетип жатышып, акыры бир бүтүмгө келишип, табак толо тартылып кылкылдап алдыга келген семиз тайдын этин жеп, күчтүү тоо чөбүнө тоюнган бээлердин бал кымызына суусун кандырып, келген билермандар тарап кетишти. Алар кеткенден кийин жакын туугандар калып, өздөрүнчө туугандык милдеттин чегинде акыл бөлүшүп, чечим бекитээр жагдайда кайрадан кеп козголду. Мындайда айрыкча мал чогултуу, акча топтоо сыяктуу маселелерде талаш-тартыш, пикир келишпестиктер чыгат эмеспи. Ат чабыштын байгесине мал берүүдөн тайсалдап, тарткынчыктагандар да болбой койгон жок. Атакандын өз агасы Күдүңбай “мал ачуу, жан ачуу” дегенчелик кылып, мал берүүдөн тайсалдап, оюн түз айта албай туруп алган экен. Башкалар эмес, өзүнүн бир тууганынын бул кылыгына ачуусу келген Атакан: --“Мал бербесең өзүңдүн башыңды байгеге саям” –деп катуу айтыптыр.

      Албетте, мындай чоң ишти моюнга алганда элдин ичинде айрым адамдар тарабынан түшүнбөстүктөр, ал тургай көралбастыктар, ич күйдүлүктөр болбой койбойт, ар кандай сөздөр айтылат, пикир келишпестиктер болот, демек, мунун өзү турган иш. Бирок, жалпы эл көтөрүлүп колдоп жатканда жогоркудай көрүнүштөр буудай ичине сиңип кеткен чарга окшоп, дайны чыкпай жок болуп кетет эмеспи. Бектияндын ашы белгиленген убакта уюшкандыкта өтүп, чакырылган эл көп келди. Кажы-Саздын шалбаалуу талаасында токой жээктей тигилген боз үйлөрдөн төмөн кеңири айлампада ат чабыш өтүп, мелдештер болду. Бектияндын ашын бапа уругунун төбөлү Шадыкан ажы Солтоной уулу башкарган экен. Шайлоодо Атаканды колдоп, ал тургай батасын берген Абдыраман аба бардык жерде, бардык иште мурдагыдай эле Атакан болушка кеп-кеңешин берип, аны колдоп жүргөн экен. Атакан эл башкарууда айыл бийлерине таянып, алар менен чогуу кеңешип иш кылган. Ошондой эле Алматай, Түмөнбай, Карбоз. Сарыгул, Кыдыралы, Обонбай, Мүсүралы, Жанек жана башка кыдыктын аттуу-баштуулары Атакандын эң жакын кеңешчилери болушкан. Көп түйүндүү маселелерди ийгиликтүү чечүүдө Атакан аларга таянып, алардын ишенимдүү колдоосун алып турган.

      Бул инсандар кыдык ичиндеги уруктардын биримдигин жана ынтымагын чыңдоого зор салым кошушкан. өздөрүнүн калыстыгы,көрөгөчтүгү, боорукерлиги, кайрымдуулугу менен өз уругунда эле эмес, анын чегинен сырткары элдерге чейин белгилүү болушкан.Алардын элди эл кылып, куттуу журтка кондурууда Атакандын колуна кол, бутуна бут болуп колдон келишинче кыдык уруусунун таасирин бекемдөөдөгү эмгектери чоң болгон. Ар кимиси ар кайсы уруктун өкүлү болсо да, өз уругунун мүдөөсүнөн кыдыктын мүдөөсүн жогору коюп, эл аралап чыкканда, жалпы топ жыйындарда кыдыктын кызыкчылыгын колдон келишинче коргогон. Алар мен торгоймун, мен жаанбаймын, мен жакшылыкмын, мен кудайбактымын, же алдакемин, жаныбекмин дешкен эмес. Аларда жалпы кыдык уруусунун мүдөөсү, ынтымагы, биримдиги деген күчтүү ишеним бар болгон. Мына ошондуктан алар Атаканга колдоо көрсөтүп, дем-күч берип турушкан.

      Бирок, бизге белгилүү болгондой Атакандын болуштук бийлиги узакка созулган жок, Ал бар болгону үч жылдык мөөнөттүн эки жарым жылга жакын убактысында гана болуш башчысы боло алды. Атакан эки жылча тамагы ооруп, ноокастап жүргөн экен.

      Санжырачылардын айрымдары Атакан кызыл өңгөчүнөн ооруп, айыкпас дартка чалдыккан экен деп айтышса, айрымдары тамагынан кептөөр болуп ооруган дешет. Эмнеси болсо да, ал киши дем ала албай жаны кыйналып кеткенде камчысынын көгүн кекиртегине сойлотуп, ириң аралаш кан кусуп жиберип эс алып калчу экен. Ошондон улам Атаканды замандаштары “чирик коко” деп атап алышыптыр. Бул “чирик коко” Атаканга анын “жеп-ичкенинен” же кокосунун кеңдигинен эмес, анын оорусунун кесепетинен жабыштырылган сөз. “Чирик коко” деп биринчиден, Атакан болуштун ишине ичи чыкпаган, аны көралбаган адамдардын, экинчиден ичи тарлык менен аны шылдыңдоого жана басмырлоого аракеттенген айрым уруулаш аткаминерлердин ойлоп тапканы. “Чирик коко” деп кыйкыргандар Атакандын өзүнүн эле туугандары деп баса белгилеп койсок болот.”Тууган бар болсо көралбайт, жок болсо асырай албайт” деген ошол.

      Атакан жанын кыйнаган оорусу тууралу сыртынан эч кимге шек алдырбаганы менен ичинен ич майын жеп, санаасы тынбай, көзүм өтүп кетсе, кыдыкты ким бийлейт да, эл-журтка ким башчы болот деп көп ойлончу болду. Сыртынан баамдап, ырыскулудан Ажыбек уулу Такендин баласы Асанакунду көп жагынан жактырып жүрчү экен. Чыйрактыгы, тыңдыгы, барыдан да тайманбас шар жүргөндүгүнөн эл аны “Такендин өкүрөң карасы” деп коюшчу экен. Ал калыстыгы, адамды өңдөп-түстөбөй бетке айтып. түз жүргөндүгү менен жаштайынан оозго алыныптыр. Кимдир бирөөлөрдүн суук көзү тийгенби, айтор Асанакун жаш кезинде кайтыш болуп калган экен. “Аман жүрсө элимдин эртеңкисин “Такендин өкүрөң карасына” тапшырбайт белем”—деп абдан өкүнүп кейип калчу экен Атакан болуш.

      Оорусу күчөп, акыры андан баш көтөрө албасына көзү жеткен кыраакы Атакан өзүнөн кийин кыдыктын билермандарынын ичинен кимиси эл бийлигин колго алууга жараар экен, кимиси ырыс көтөрүмдүү экен деп сынап көргүсү келип, алардын айрымдарын чакырткан экен. Кыштын күнү үйдөн окчунураак жерге карды шыпыртпай туруп, тутуусунун тамтыгы кетип, жыртыгынан жылдыз көрүнгөн эски үй тиктирип, үйдүн таманына жука эски таар салдырып койгон экен. Соютуна карыган арык кой даярдатып, суусунуна чала ачыган муздак суюк жарма алдырып келиптир. Көз алдынан өткөрүп, сыдыргыга салып туруп ар бир атадан Алматайды, Сакени,Боркону жана дагы бир экөөнү келип чай ичип кетсин деп чакыртып жибериптир.

      Чабармандар айыл ыстарчындары Ураалы уулу Жантике менен Ызатай Шералы уулу болушуп экөө эки тарапка айыл кыдырып чапкан бойдон кетишти. тиги чакырылгандардын ичинен Алматайды ат үстүнөн сабап отуруп алып келгиле деп буйрук берилиптир. --“Мен ноокастап калыптырмын, тигилер келишсе менин үстүмө киргизбегиле. Аларга этти чала бышырып тарткыла, колго шыргалаң муздак суу куюп, суу жоолук бербегиле. Ал жерде болгон сөздөрдү тымызын мага жеткирип тургула,”—деп Атакан көздөй жигити Айылчыга катуу табыштайт.

      Эки ыстарчын атты койгулакка алып, ат тердетип, өздөрү да жан алакетке түшүп жүрүп, болуш айткан кишилерди чакырып кайра тартышты. Жолдо келе жатып Жантике менен Ызатайдын бир нерсеге кыжаалат болуп тынчы кетип келатканын кыраакы Алматай айттырбай эле билип койду:

      --Эмне эле ат үстүндө тынч отура албай, бири-бириңди алактап карап келатасыңар,--деген Алматайдын суроосуна тигил экөө:

      --Болуш сизди сабап айдап келгиле деп буйрук берген, сизге кантип кол көтөрөбүз?,--дешет.Алматай эки ыстарчынга күлө карап:

      --“Улук кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес” деген кеп бар. Болушуңар буйрук берсе аны аткаргыла. Сабап келаткан өңдөнүп, камчыны жазгай шилтемиш болуп, анда-санда ат омуроолотуп, бак-бак этип үнүңөрдү катуу чыгарып калып турбайсыңарбы,--деди. Эки ыстарчын үйгө жакындаганда Алматай айткандай кылып, аны камчыга алган болушуп, ат омуроолотуп айдап келишти. Тобу менен келген билермандарды Айылчы тосуп алып, жанагы эски боз үйгө киргизди. Алматай төргө шыр өтүп барып, эски таардын үстүнө мандаш урунуп отура кетти. Калгандары жактырбаган түр көрсөтүп, коомайлана көчүк басышты. Дасторкон жайылып, ысык чай ордуна чала ачыган суюк муздак жарма сунулду. Алматайдан башкасы аяктын кырына эрдин тийгизип кайра беришти. Алматай колуна тийген жарманы шыпкап ичип, аякты бошотуп койгон экен. Андан кийин чала бышкан көк жашык эт тартылды. Алматай өзүнө тийген устуканды макиси менен шашпай кесип жеп,кабагы жарык отурду. Беркилер алдыга келген устукандын четинен кесип ооз тийди кылып, тууралган эттен чымчып ооздоруна салып жийиркенген немедей отурушкан экен. Тамагы тамак өңдөнбөсө да колго муздак суу куюлгандан кийин сырттан Айылчы кирип:

      --Болуш силерди бир иш менен чакырды эле, бирок ноокастап калып силер менен сүйлөшө албай калды, кайра кете беришсин дейт,--дегенде отургандардын ичинен Саке Ыманбек уулу мүнөзү чукул, жеңил киши экен:

      --Атаңдын оозун урайын, кудай теңирин тааныбай шылдың кылган неменин түндүгүн түшүрө чабайын,--деп күүлөнүп ордунан тура калды эле. Алматай:

      --Өзү эле чабыла турган болуп калыптыр, эми аны чапканда табаарыңар эмне,--деп Сакеге кошулуп күүлөнүп бараткандарды акырын айтып токтоткон экен. Булар узап кеткенден кийин Атакан болуш Айылчыдан эки ыстарчынды чакыртып, үчөөнү маңдайына отургузуп алып, тигилердин эмне айтып, эмне кылгандарын ийне-жибине чейин такып сурап, шашпай угуп отурган экен. Ошондо Атакан болуш Алматайдын көтөрүмдүүлүгүнө, оор-басырыктуулугуна, акылдуулугуна таң калып, эми менден кийин бийлик жаанбайдан торгойдун колуна өтөт турбайбы деп оор күрсүнгөн экен.

      Ушул окуядан кийин көп өтпөй Атакан бул дүйнөдөн өттү. Атакандын көз жумушу кыдык уруусу үчүн аябагандай чоң жоготуу болгон. Эл намыска бек турган, кыдык дегенде кара жанын аябаган, башка уруулар менен теңата болуп, жемин жедирбей, намыс алдырбай башкарган чыгаан уулунан ажыраган.

      2016-жылы менин “Суксур эне жана анын урпактары” деген китебим жарык көргөн эле. Атакан болуштун өлүмүнө байланыштуу ой толгоолорумду ошол китепке жазган элем.

      “Албетте, Атакандын өлүмү Абдыраман аба үчүн да абдан оор, абдан кайгылуу болду. Өлбөй турган жан жок, Абдыраман абанын кайгырып турганы Атакандын жаштыгы эле. Анын күч-кубатка толуп, баралына келип, элге бергенинен бере элеги көп болуп турганда кайтпас сапарга кете бериши Абдыраман абаны айрыкча капага салды.

      “Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок” дейт, адам болуп жарык дүйнөгө келгенден кийин бул дүйнөдөн кете берчү бир өлүм башыңда турду да. Кандай өлүмдү тагдыр бешенеңе жазып койду, аны бир билсе жараткан билээр. Кечээ кыргыздын далай жерине кысым жасап, мансабына манчыркап, дөөлөтүнө дөөгүрсүгөн “опузалуу” Ормон хандын түбүнө Балбайдын бир шилтеген найзасы жетпедиби. Ошол эле Балбайдын көзү орустун билгизбей берген уусунан жумулбадыбы. Кер атты минип, каракелтени асынып, өз билгенин бербеген Кетиркейдин Алыбегинин башын Үмөтаалы кесип, каржиликтерин жолдун эки тарабына кактырбады беле. Ошол эле Үмөталы Кара-Саздын коңур өгүзүнүн куйругуна көзүн чаптырып, алдан-күчтөн кетип. чымынга таланып жатып көзү жумулган экен. Баатырдыгы менен нечендин сообуна калган, канкордугу менен нечендин убалына калган Канай баатыр бир чети жазмыштын буйругу менен, бир чети Чыныбайдын кысымынан сүрүлүп, эл-журттан четтеп жүрүп, кечээ жакында эле сөөгү Кыргоодо жалгыз калбадыбы. “өңгө жалган өлүм ак” деген ушул экен да. өлүм капырың өкүмдарды да, кембагалды да ылгабай алып, тагдырына жазылган энчисин берет турбайбы.

      Атакан да болуш экенине карабай ажал алдында алсыз болуп, бешенесине ылайык пенде катары ажалга моюн сунуп кете берди. өмүр бар жерде өлүм болуп, бири жарык дүйнөгө кели жатса, экинчиси бул дүйнөдөн кетип, адамзат пендесинин жашоосу улана берет тура.” (Аталган китепте 299-300-беттер).

      Атакан болуш дүйнө салды деген кабар тарап, Атаканга көз көргөзүп, топурак салабыз деген калың эл Бугутудагы айыл үстүн каптады. Көл айланасындагы бугу-саяктын жакшылары түп көтөрүлө келди. Атакан болуштун сөөгү Кажы-Саздын төмөн жагындагы ойго коюлду. Атакан Бектиян уулу Жети-Өгүздөгү Оргочор тоосунун чөлкөмүндө болжол менен 1841-1842-жылдарда туулуп, 1885-жылдын эрте жазында 44 жашка караган курагында кайтыш болуптур. Атакандын болуш башкаруучусу катары бийлик кылган мезгили болгону эки жылдан бир аз ашыгыраак мезгилге созулган экен. Анын өтөлгөлүү өмүрү, эл үчүн кылган албан эмгеги андан бери нечендеген жылдар өтсө да эл эсинде сакталып, арбагы унутулбай келе жатат.

      Жакшылыктын черикчи тукумунун урпагы Олжобай Сагымбаев:

      --Жылдар жылаар көктөн көчкөн булуттай,
      кылым өтөөр кубалашкан куюндай.
      Арбагыңа арнап куран окушуп,
      элиң жүрөр эмгегиңди унутпай.
      Түбөлүккө тура бергин эстелик,
      түмөндөгөн кылымдарга кез келип.
      Эс-акылдуу, элдик киши болгон деп,
      эмгегиңди элиң жүрсүн эскерип,

      --деп Тоңдун эли 2018-жылы Атакан болушка эстелик тургузганда жазган экен.

      Атакан каза болоор алдында Жанек деген бир тууган инисине болуштуктун мөөрүн табыштап кеткен экен, анысы мөөрдү булгаары баштыкка салып, колтугуна катып сактап жүрүптүр.Көзүм өтүп кетсе кыдыкка бийлик жүргүзүү жаанбайдан торгойго өтүп кетет го деп кооптонгон Атакан далай ишенимдүү адамдарынын бар экенине карабай мөөрдү аларга тапшыруунун ордуна өз инилеринин бирине каттырып койгону анын куру намыска алдырган пендечилиги болсо керек. Саке ажы болуштун орун басары болсо да ага мөөрдү берген эмес экен, анын жакшылык уругунан экенине карабаптыр.

      Убакыт жылып өтүп, күндөрдүн биринде Ата-Башынын Чеч-Дөбөсүндө дубандын жыйыны болуп, кыдыктардан жоон топ кишиси менен Саке ажы барып катышкан экен. Жыйын бүткөндө чечим кабыл алынып, жыйынга катышкан болуштар мөөрлөрүн басуу керек болуп калат. Ошондо жыйынды башкарып жаткан Казы Чоко уулу: --“мөөрүң кана, баспайсыңбы”,-- деп Сакеге кайрылганда жан чөнтөгүн сыйпалап айласы кетип калган экен, аны ээрчип барган Жанек тери баштыкчадан мөөрдү алып Казы сунган кагазга басып беритир. Саке колуна тийген мөөрдү кайра бербей коюптур. Ошону менен Саке ажы кыдыкта болуштун милдетин 1886-жылга чейин аткарып жүрүптүр.Саке ажы да мөөрдү иниси Урмамбетке берип, ал мөөрдү Жанек сыяктуу сактап жүргөн экен. Урмамбет күтүүсүздөн кайтыш болуп калгандан кийин мөөрдү Саке ажы өзүнүн ишенимдүү адамы, жылкычылардын башчысы Кирдикабакка каттырып койгон экен.

      Болуш башчысын шайлоонун жаңы мөөнөтү келип, бир топ билермандар ары-бери кети жатышып, Алматай Кеней уулун болуштукка талапкер кылып көрсөтмөк болушат. ошондо Абдыраман аба:

      --Алматай болуш болбойт, өзү да, пейили да, ниети да апакай, булак суусундай таза адам. Болуш кылып шайлап алсак, анда Алматайды булгап алабыз. Алматай журт үчүн болуштан да артык адам, аны бапестеп сактап алышыбыз керек,”—деп Алматайдын талапкерлигин көрсөттүрбөй коёт. Көрсө, Алматайдын өң-келбетинен, жүргөн-турганынан, сүйлөгөн сөзүнөн башкалардан айырмаланып турган өзгөчө сапаттарды байкап, анын алдын-ала айтканы айткандай келе турган көзү ачык, олуя, даанышман адам экенин, ошондуктан Алматай эл башкарганга эмес акылгөйлүккө, даанышмандыкка, көсөмдүккө жаралган адам экенин көрө билген экен.


                           УЛУУ ҮРКҮН                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыргызстан Орусиянын курамына киргизилгенден кийин жалпы эле кыргыз аймактары сыяктуу эле Көл айланасына да Орусиянын борбордук аймактарынан келгиндер чубап келе башташкан. Алардын кыргыз жерине массалык көчүп келүүсү эки жолу болгон. Биринчиси, 1877-1878-жылдарда жана буга кошумча 1881-жылы Кытайдан дунгандар менен уйгурлардын келиши, экинчиси, 1905-1910-жылдарда ишке ашырылган.

      1905-жылы 21-июлда падыша Николай-II жаңы көчүп келип жаткан дыйкандарды жайгаштыруу боюнча келгиндер башкармалыгын түзүү тууралу указ чыгарган Бул административдик орган келгиндерге жер бөлүп берүү боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп, жерлерди ченеп, картага түшүрүп, жергиликтүү көчмөндөрдүн жерлери менен жайыттарын тартып ала баштаган. Жергиликтүү эл жер ченегичтерди “зымчылар” деп атап алышкан. Казак-орустар, татарлар,украиндер ошондой эле дунгандар менен уйгурлар дыйканчылыкка жарактуу жерлерге отурукташып, жергиликтүү калк тоо-ташка сүрүлгөн.

      Тоң аймагынын жаратылыш шарты катаал, кышкысын кар кээде жааса, көпчүлүк учурларда жаабай жер кара болуп, дыйканчылык кылууга табийгый шарттар жетишсиз болгондуктан жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, сырттан көчүп келген келгиндер анча массалуулукка ээ болгон эмес. Аз сандагы орус дыйкандарынан турган 15 үй-бүлө Тоң чөлкөмүндөгү “Кара-Чекенде” деген жерге аштама жыгач үйлөрдү салып, “Кольцовка” деп аталган орус кыштагы пайда болгон.

      Көлдүн жээгиндеги “Ийри-Көл” булуңунда кеме токтоочу пристань курулуп, ал жерге кайык жана парустуу чакан кеме түшүрүлгөн. Бул булуң да жакын жердеги кыштактын аты менен “Кольцовка булуңу” деп аталып калган.

      Бүркүттүн оюнда эки түтүндөн турган орус үй-бүлөлөрү короо-жай, там салып жашап турушкан. Тоңдогу орус келгиндеринин негизги иши дыйканчылыктан башка, ары-бери каттаган жүргүнчүлөрдү, биринчи кезекте уезддин борбору Каракол шаарына барып жана андан келаткан орустарды тейлөө, почта байланышынын коопсуздугу, жер ченөө жана анын эсебин жүргүзүү сыяктуу иштерди камсыз кылуу болгон. Акырындык менен жергиликтүүлөр менен келгиндердин ортосунда соода, чарбалык карым-катнаш түзүлө баштаган. Оокаттуу байлар Караколго мал айдатып, базарга сатып, андан ары Каркырада жылына бир жолу уюштурулган жармаңкеге барып, соода-сатык кылууга катыша башташкан.

      Берикбай Атантай уулу, Күрүчбек Илепес уулу, Кетиркей Абылай уулу, Сарыгул Малдыбай уулу, Абатай Козбала уулу, Кыдыралы Ыяз уулу, Атыгай Мамай уулу сыяктуу байлар жылына Караколдун. Токмоктун базарларына мал айдатып, соода кылып турушкан. Атыгайдын ал тургай Анжыянга чейин мал айдатканы, алты ай өткөндөн кийин Атыгайдын эркечи айылды таап келгени тууралу эл арасында айтылып жүрөт.

      Татар, орус көпөстөрү эл аралап соода кылып, алардан майда-бачек буюм-тайымдарды, идиш-аяк, кездемелерди, ар кайсы түстөгү боёкторду сатып алып турушкан. Элдин колунда болгон байлык негизинен мал болуп, жылкы, уй, топоз,төө, кой-эчки багылып, элдин тиричилиги жалгыз гана мал чарбасында негизделген.

      Орус бийлиги орногонго чейин элдин колундагы мал кудайга шүгүр жетиштүү эле болгон. Жер болсо, жалпы эле бир ата уулунун же уруктун жамааттык менчигине таандык эле. Бирок, орус бийлигинин алык-салык эзүүсүнүн күчөшү менен бул жаатта терең өзгөрүү болуп, эл мүлк жагынан теңсиздикке учурап, бай-кедей болуп жиктеле баштаган.

      Малчылар үчүн ар бир түтүнгө бирден жандык, ал эми акчалай салык ар бир түтүндөн эмес, айылдан чогултулган. Салыктарды ыстарчындар менен элүү башылар чогултуп, жалпы жоопкерчилик болуш башчысына жүктөлгөн. Эми, жер мамлекеттики болуп калгандыктан, ошол жерге жайылган кой-эчкинин туягынан 3 тыйын, уй менен топоздон 10-15 тыйындан, жылкыдан 30 тыйын, төөдөн 50 тыйын өлчөмүндөгү салык алынган. (XIX кылымдын аягындагы маалымат).

      Мындай салык малдуу, оокаттуу байларга да оорчулук келтирген. Карапайым элге да кыйынчылык келип, айрыкча кедей-кембагалдар салык төлөөдөн абдан эле жабыр тартышкан. Бул тууралу Жусуп Турусбеков мындай деп жазган:

      --Эртеңки өмүр кайгы болуп жүктөлүп,
      кедей сага какыраган бел калды.
      Күндө келип ыстарчындар камады,
      жалаа кылды, шумдуктарды жамады.
      Алым, чыгым, буйрук бар деп жогортон,
      кедей сени туш-туш жактан талады.

      1916-жылга чейин Пржевальск уездинде калктын 24 пайызын орустар менен украиндер түзүп, бардык айдоо аянттарынын 67,3 пайызын ээлеп турушкан. Ал эми кыргыздар айдоо жерлерден ажырап, тоо-ташка сүрүлгөн. Келгиндер башкармалыгы келгин кулактар менен казак-орустарга акчалай жардам жана башка жеңилдиктерди берген. Кыргыздардан тартып алынуучу жерлердин долбоору түзүлүп, уезддик жер-суу комиссиясына сунушталган. Архивдик маалыматтар боюнча Туркестанда жашаган элдердин ичинен кыргыздар гана жерден пайдаланууга укуксуз экендигин Туркестан генерал-губернатору Куропаткин мойнуна алган экен. Салык эзүүсү, социалдык адилетсиздик улуттук теңсиздик менен ого бетер тереңдеп, аны жергиликтүү эл кордук катары кабыл алган.

      Дүйнөлүк биринчи согушка катышуу менен падышалык Орусия терең саясий жана экономикалык кризиске кептелген. Ошонун айынан Николай-II 1916-жылдын 25-июнунда империянын чет жакаларындагы орус эмес элден 19 жаштан 43 жашка чейинки эркек жарандарды согуштук-тыл жумуштарына алуу жөнүндө жарлык чыгарат. Ушуга байланыштуу Пржевальск уездинин башчысы бийлик аткаминерлерин жана болуштарды чакыртып кеңешме өткөрөт. Бул кеңешме 1916-жылдын 1-августунда болгон экен. Кеңешмеге Тоңдон Ысагаалы Алматай уулу, Илебай Маалы уулу, Батыркан Райымбек уулу, Байсерке Борсол уулу, Токсоба Байтемир уулу ар кимиси өз жанында коштогон билермандарынын тобу менен барып катышкан экен.

      Кеңешмеде падышанын жарлыгына ылайык жергиликтүү элден согуштук-тыл жумуштарына эки этап менен: биринчи этапта 19 жаштан 30 жашка чейин, экинчисинде 30 жаштан 43 жашка чейинкилерди алуу жөнүндө сөз болуп, уезд башчысы болуштардан эл ичинен ылайыктап туруп киши бересиңерби деп суроо салганда, катышып отурган болуштар бир ооздон беребиз деп уезд башчысын ишендиришкен. Бирок, согушка балдарыбызды бербейбиз деген аракеттер эл ичинде улам көбүрөөк боло баштагандыктан болуш, бийлер уезд башчысына берген убадаларынан баш тартууга туура келди. Анткени, алар калк арасындагы кадыр-баркын кетирбөөгө, колундагы бийлигин сактап калууга аракет кылышты.

      Бул жерде дагы бир жагдайды уруулук-патриархалдык салтты да эске алуу керек. Атам замандан бери келе жаткан уруунун кызыкчылыгын коргоо деген түшүнүктөн баш тарта алышпай болуш-бийлер, ыстарчындар эл тарабына өтүүгө аргасыз болушту. Экинчи бир жагдайды да баса белгилеш керек, бул кандай жагдай эле?

      Кыргызда уруулук-патриархалдык салт-санаа болгон деп айтпадыкпы. Ошондуктан ар бир ата уулунда, урукта аксакалдардын, билермандардын таасири күчтүү болгон. Алардын колунда бийлиги болбогон менен, эл арасында айткан сөзү, кылган иши, кара кылды как жарган калыстыгы, байлык эмес, бийлик эмес көпчүлүктөн айырмаланбаган жашоосу, күтүрөтүп мал-мүлк күтпөй бирок, акылгөйлүгү, билгичтиги, даанышмандыгы менен бүтүндөй бир урукка, жашынан карысына чейин, ал тургай болуш, бийлерге чейин таанылып, жогорудагыдай сапаттары менен аларды өзүнө баш ийүүгө аргасыз кылган. Болуш-бийлер алардын сөзүнөн чыккан эмес. Суксур Токсоба уулу Көлбай, Байгозу уулу Обонбай, Бырымберди уулу Абийир, Тайлак уулу Кытан, жүдөө Берикбай уулу Илип, Кудайбакты Козбала уулу Абатай, Керимбай уулу Шамы, Тойгонбай уулу Ырсалы, бейиштен Кудайырбек уулу Орозон, жалгаптан Үрүс уулу Ыса, солтонойдон Урбай уулу Бөлтөбай, кытай Байчубак уулу Эшимбек кенейден Маалы уулу Сооронбай жана башкалар бий-болуш катары элди бийлебесе да, уруктар эле эмес, жалпы кыдык ичинде да абдан таасирдүү болушкан. Мындай адамдарга алардын турмуштук тажрыйбасына, эл арасындагы кадыр-баркына карап, бийлик төбөлдөрү урмат менен мамиле кылышкан. Бул адамдар элдин көйгөйүн чечип, элдин мүдөөсүн көздөп, талам ын талашкандыктан алардын таасиринен айбыккан башчылар эл тарабына өтүүгө аргасыз болушкан.

      1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгуу себептери болуп, кыргыздардын жерлерин келгиндердин зомбулук менен тартып алышы жана согуштук-тыл жумуштарына кыргыздардан алуу жөнүндөгү падыша Николай-Iнин жарлыгы, ошого байланыштуу элдин кыжырлануусу эсептелген.

      Ар кайсы жактардан, айрыкча Чүй менен Кемин тараптан нааразылыктар чыгып, болуштук кеңселер талкаланып, өрттөлүп жаткандыгы, атаке-сарыбагыштардын орус бийлигине каршы аракеттери, Ыбырайым Төлө уулунун орустардан мылтык жана ок-дарыларды тартып алгандыгы, Пишпек менен Алматыдан аскерлер келип, алгачкы кармашуулар башталгандыгы, Жумгал менен Кочкордо да абал тынч эместиги тууралу коогалуу кабарлар келе баштады. Белек Солтоноев мындай деп жазат:

      --Тескейдеги кыргыздан Ысагалы Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгалдагы эл менен кабарлашып турмак. күңгөйдө турган саяк кыргызынан Талканбай Чүй боюндагы кыргыз менен Шабдандын балдары аркылуу кабарлашып турмак. Талканбайдын аларга берген убадасы мындай болгон:

      --Эгерде, Чүй боюндагы кыргыздан көтөрүлүш болсо, күңгөйдөгү орус кыштактарына өрт коймок. Бул өрттү көрүп, тескей кыргызы бүт көтөрүлмөк. Эгерде, көтөрүлүш тоо арасындагы элден чыккан болсо, Ысагалы башчы, кыргыздар тескейдеги орус кыштактарына өрт коймок. Өрттү көрүп, күңгөйдөгү жана көл башындагы эл көтөрүлмөк. (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы 2-китеп. Бишкек.1993.120-бет).

      Желдеңден Байгазы болуш, кыдыктан Ысагалы, алагөз-кабадан Баатыркан үчөө кеңешип, өздөрүнө баш ийген элдин коопсуздугун сактоо үчүн ич ара кабарлашып, эртеңки күн кандай болот дешип, туш тарапка киши жиберип, кырдаалды байкап турушту. Райымбек уулу Баатыркан бул мезгилде болуш болбой калса да, өзүнүн алагөз-кабадагы зор кадыр-баркы менен Токсоба болушка салыштырмалуу элди өзү билип эле башкара турган. Июнь, июль айларында Пржевальскиден Тоңго “зымчылар” келип, жер ченеп, картага түшүрө башташкан. Тоң, Ак-Сай, Жер-Үй сууларынын чеке-белин чийип бүтүп, алар Ак-Терек суусунун тегерегин ченеп жүрүшкөн. Токсоба болуштун буйругу менен эки “зымчы” өлтүрүлүп, эки сөөктү ким көрдү кылып чаптын арасына жар көчүртүп таштаптыр. Ошол эки зымчынын дарегин издеп табуу үчүн Пржевальскиден Тоңго уездик полициянын башчысы Зонин келет. Аны тосуп алып, издөө иштерине шарт түзүп, көмөктөшкүлө деген буйрук Ысагалыга берилет. Зонин бир козунун этин бүт жеп, бөтөлкөлөп арак ичсе да тойбогон, кол жеткен жеринен уруп-сабап олжо таап жүргөн зөөкүр киши экен, ошондуктан жергиликтүү эл ага “Чоң кол” деген ылакап ат коюп алыптыр.

      Буйрукту алаары менен Ысагалы эки тарапка эки жигит чаптырып, Баатыркан менен Байгазыга кабар жиберет. Байгазы болуш эки жигити менен бир күн мурда келип, Ысагалы экөө төрөнү тосуп алмак болушат. Ал эми Баатыркан шашылыш түрдө беш кишини камдап, Чоң колдун көзүн тазалайсыңар деп тапшырма берип, Ысагалыга жиберет. Ысагалы Байгазы экөө 15тей киши менен аларды Бүркүттүн оюнда күтүп турушкан экен. Ушул жерде жолугушуп, --“Чоң колду Кольцовкадан өлтүрө албайбыз. Анткени, ал жерде мылтыкчан орустар бар. Аны бул жерге келүүгө мажбур кылалы Бул жердеги орустун уйларын Ак-Сай суусундагы кабактын ичине көз көрүнөө эле айдап түшөлү, ушул ишти териштирүүгө “Чоң кол” келет,--деп алдын-ала кеңешип алышат.

      Эртеси он чакты атчан киши Бүркүттүн оюнда жашаган орустардын жайылып жүргөн уйларын атайылап эле Ак-Сайдын ичин көздөй айдап жөнөшөт. Уйлардын ээси койгула десе болбой уйларын айдап кетишкенде, мал ээси болгон орус Кольцовкага жардам сурап келет.

      “Чоң кол” 5-6 полиция кызматкеринин коштоосунда мурунку күнү кечке жуук келип, кыштактагы бай орустукуна түнөгөн экен. Уйларын алдырып жиберген орустан болгон окуяны угуп. уйларыңды кайтарып алып берем деп аны ээрчитип алып, жанына полициядан кошпой өзү эле аттанып кетет экен. “Чоң кол” Ак-Сайдын суусуна кабак ылдый түшө бергенде ташка жашынып турган саяк Жаманбала уулу Мамбет аны атып жиберет, бирок ок тийбей калып, “Чоң кол” келген жолу менен кайра качып жөнөйт. Ысагалы, Байгазылар анын жолун тосуп чыгышат. Полиция башчысы алардын жанына чыгып келгенде тигил экөө учурашып кол беримиш болуп, аттан оодара тартышканда, жигиттер аны сабап киришет. Баатыркан жиберген беш кишинин бирөө Орозбак деген киши экен, ошол тепкиленип, таяк жеп жаткан “Чоң колду” найза менен сайып жиберитир, ошентип “Чоң колду” өлтүрүлөт. “Чоң колго”арызданып барган орус калың бадалдын ичинде жашынып жатып, түн ичинде Кольцовкадагы орустарга болгон окуяны айтып келиптир. “Чоң кол” өлтүргөн күн 1916-жылдын 5-августу болгон.

      “Чоң колдун” өлтүрүлгөндүгү жөнүндө кабар алып, Зонин менен кошо келген полицейскийлер, аларга кошулган Кольцовканын куралдуу орустары Бүркүттүн оюна келишет. Ушул жерде үрөй учурган абдан кайгылуу окуя болуп өткөн. Мындан эки ай мурда окуусун бүтүп, Караколго мугалимдик кылганы бараткан ки орус кызды беккулунун байботосунан Аргынбай уулу Сегизек иниси Өмүрзак экөө кармап алышып, күчкө салып, Тепшиге алып чыгып кетишет. Кыздардын бирин азоо атка мингизип коюшкан экен, жолдо баратканда ат үркүп кетип, кыздын бир буту үзөңгүдө калып, атка сүйрөлүп өлүптүр. Анын сөөгүн эч кимге билгизбей көмүшүп, болгон окуяны жашырып коюшкан экен. Кыздардын экинчисин Сегизек аялдыкка алып, ал орус кыз келин болуп Аргынбайдын айылында жүрүп калат.

      “Чоң колдун” өлүмү боюнча орустар Бүркүттүн оюна келишкенде баягы орус келин аларды айылга ээрчитип келип, Тепшидеги болгон окуяны да, бул жердеги окуяны да айтып берет. Куралдуу орустар келгенде Сегизек менен Өмүрзак Кызыл-Жарга жашынып калышыптыр. Тогузак менен Жанузак бул учурда көлдо тор жайып жүрүшкөн экен. Орус келиндин арызынан кийин куралдуу орустар Аргынбайдын кемпирин, Чүтөй, Асан, Өмүр деген уулдарын, Өмүрзактын аялын курсактагы баласы менен кошуп туруп атып салышкан. Орустардын жаалданган тобу андан ары Көк-Сай тарапка чыгып, кудайбакты уругундагы Абатайдын айылына барышкан. Кезегинде Козбала уулу Абатай көл бугусунун билерманы Чыныбай менен кудалашып, анын бир кызын уулу Субанбекке алып берген экен. Абатай уулу мал-жандуу болуп, канат-бутагы жайылып, кудайбакты эле эмес, жалпы кыдык ичинде абдан таасирдүү болуп турган экен. Ат менен омуроолотуп, мылтык такап кирип келген орустарды тоготпой каршылык көрсөткөнүнө карабай Абатайдын Атамбек, Абдыбек, Өмүрбек деген уулдарын мылтык кезеп айдап кетишкен. Алар Мыярдын белине (азыркы Кескен-Белге) келишкенде суу ичип алып, “Кызылдын тоосун” көздөй чубап бараткан тоо эчкилерди көрүшөт.

      Орустар Абатайдын уулдарынын бирин алып калышып, берки экөөнү эчкилерди айдактаганга жумшайт. Ошондо орустар эчкилерди да, эки жигитти да башаламан атып киришет. Эчкилер кыр ашып кеткенден кийин гана атууну токтотушкан экен. Ар кайсы жерде ок жеген кайберендердин арасында эки жигиттин да канга боёлгон жансыз денеси жаткан. Бул аздык кылгансып, Абатайдын үчүнчү уулун да атып салышты. Ошентип орустар ошол күнү кыргыздын эки чоң үй-бүлөсүн кырып салышкан экен. Атылган эчкилерди жүктөп алышып, орустар Кольцовкага кайтып кетишиптир.

      Орустардын кандуу жазалоолору жөнүндөгү кабар ошол эле замат элге тарап, ар кайсы жайлоо, конуштагы эл колуна тийген курал –жарагын алып камдана баштаган. Түнү менен туш тарапка кабар жиберип, астыңкы өрөөндөн да, үстүңкү өрөөндөн да келген эл Тоң суусунун сол жээгиндеги Кара-Жалга топтолуп, 6-августта түшкө маал Кольцовка кыштагына кол салышкан. Буга чейин эле бул жерге келген Пржевальск уездинин башчысынын жардамчысы Каичевдин жетекчилиги астында кыштактын тургундары менен полицейскийлердин тобу коргонууга өтүшкөн. Кыргыздар эртеси 7-августта Кольцовка кыштагын курчоого алууну улантышып, күндүз эки тараптан тең ок атышуулар болуп, ал кечке чейин улам кайталанып турган. Түн киргенден кийин келгиндер кыштакты таштап качууга аракет кылышкан бирок, кыргыздар муну сезип калып, курчоону күчөтүшкөн. Онго жакын адам курчоодон эптеп качып чыгып, Кекилик суусунун жанына жашынышкан. Бирок, арттан куугун келип, алар колго түшүүгө аргасыз болушкан. Кыжырданган эл ээсиз калган үйлөрдү талап-тоноп, өрттөп, талкалап жиберишкен. Кольцовкага бараткан жолдо атчандар Бүркүттүн оюндагы эки үй-бүлө орустарды да өлтүрүп кетишкен. Ошол күнү бүтүндөй көлдүн күңгөй-тескейиндеги орус кыштактарына чабуул башталган. 10-августта кыдык, желдең, бапа жана алагөз-каба урууларынан куралган атчандар Гоголевканы (Барсконду) алышкан. Кача албай калган үй-бүлөлөр өлтүрүлүп, айрымдары туткундалган.

      Ысык-Көлдүн тескейиндеги көтөрүлүштүн жүрүшү жөнүндө алагөз-кабанын бүгүнкү урпагы, окумуштуу-тарыхчы Турдубек Шейшекановдун изилдөөлөрүнүн негизинде интернеттен алынган маалыматтарды пайдаланып, баяныбызды толуктоону чечтик. мына ушул окуяларга Ысагалы Алматаев жигердүү катышып, көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп турган. Көтөрүлүшчүлөр эртең мененки саат 5те мал чыгарган учурда Гоголевка кыштагына кол салган. Алар негизинен Барскон жана Тоң болуштугунун кыргыздары болгон. Көтөрүлүшкө катышкандар мылтык жана найза менен куралданган. Жол башчылык ролду аткарып Барскон болуштугунун болушу Кендирбай Солтоноев, Берикбай Бокбасаров, Мамбет Молдосанов жана Тоң болуштугунун болушу Ысагалы Алматаев турган жана аларга баш ийген жети жигит алдыда жол баштап жүрүшкөн. Алардын катарында Барскон болуштугунун тургундары Асылбек, Жаманкул, Карымшак, Орузбек жана башкалар болгон. Архивдик материалдардын биринде “...Орузбектин ал айылда чакан соода жайы болгон жана ал кыргыздарга ок-дары сатчу. Орустарга сатчу эмес. Кыргыздар негизинен найза, чалгы, айры, союл менен куралданышкан, мылтыктын саны абдан аз болчу. Эки ак түстөгү туу көтөрүп жүрүшкөн”,--деп көрөсөтүлгөн. (КР БМА, ф.75. оп.1. дело 7, 1-4-беттер)

      11-августта 3 миң кишиден турган кол Покровканы (Кызыл-Суу) каптаган. Чабуул мезгилинде атайы курулган тосмолордон өтө албай кыргыздар көп зыянга учураган. Бирок, күчтөрүн кайра топтоп, 15-августта Тоңду жердеген кыдык,саяк жана Жети-Өгүздөгү бапа, желдең урууларынан куралган көтөрүлүшчүлөрдүн чоң тобу, болжол менен 5 миң адам Караколду (Пржевальк) көздөй аттанышкан. 15-августта Ырдыкка топтолгон кыдык, желдең, бапа, алагөз-каба жана Жети-Өгүздөгү башка уруулар Ырайымбек уулу Баатырканды хан көтөрүшкөн. Ал жердеги жазалоочулар менен болгон кан төгүшкөн кармашта көтөрүлүшчүлөрдөн 50 адам өлүп, кыргыздар чегинүүгө аргасыз болушкан. (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 2-китеп. Бишкек.1993. 121-бет).

      Караколду курчоо күңгөйлүк жана түп, аксуулук кыргыздар тарабынан 10-августта эле башталган болчу. Пржевальск шаарын камалоого шаарга жакын турган дунгандар да катышкан. Шаарды андагы гарнизондун жоокерлери, куралданган шаардыктар, башка айылдардан качып келип, баш калкалап жаткан казак-орустар коргоп турушкан. 15-августтан баштап сырттан жардам келе баштаган. Ротмистр Кравченко башчылык кылган Каркыра кошууну, казак-орус жүздүгү, Чүйдөн подполковник Гейцигдин кошууну, Оренбург казак-орус кошууну ошондой эле Верныйдан аскерлер келген.

      “Ал эми, 17-августта бапа, желдең урууларынан куралган 300 көтөрүлүшчү Орто-Жаргылчакта жазалоочу отрядга каршы баатырларча салгылашкан. Жазалоочулардан 12 аскер өлүмгө дуушар болгон, калгандары Пржевальск тарапка чегинген. Кыргыздар жазалоочуларды кууп жөнөгөндө, алар өлгөндөрдүн сөөгүн таштабай ала качышкан. Бул салгылашууда баатырдыкты, кайраттуулукту көрсөткөн желдең уруусунан чыккан Берикбай аттуу жигит болгон. (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 2-китеп. Бишкек. 1993. 122-бет).

      Көтөрүлүшчүлөр Пржевальск шаарын үч күн курчап, ала албай коюшкан. Күч тең эмес эле, мыкты куралданган орус аскерлерине каршы туруу өтө кыйын болгон. Төртүнчү күнү шаардан замбирек атылып, атчан казак-орустар чабуулга өтүшкөн. Кыргыздар ага туруштук бере албай, тескейден келгендер тескейди көздөй, күңгөйдөн келгендер күңгөйдү көздөй кача баштаган. Өлүктөрдү өздөрү менен кошо алып жүрүп отурушкан. Шаардан сырткары аймактарда да кармашуулар болуп жаткан.

      20-августта кыдык, бапа, желдеңден турган миңдей атчан Ак-Теректе 300дөй аскер менен жолугуп, үч күн атышуу болгон. Кошумча келген күчтөрдүн кысымына, замбирек, пулемёттордун атканына чыдабаган эл тоо таянып, айрымдары карагай аралап, кээ бирлери кокту-колотторго жашынып качышкан.

      Орус аскерлери качкан кыргыздарды кубалап, Шарпылдакка чейин келип кайра тартышкан. Бул куралдуу кармашууларда жер-жерлердеги атчан топторго кыдыктан Ысагалы Алматай уулу, бападан Кендирбай Солтоной уулу, желдеңден Берикбай Бокбасар уулу, алагөз-кабадан Момо ажы Борсол уулу башчылык кылышкан. Орус аскерлери менен болгон кармашууларда кеней уулунан Кайбылда, бердикожодон Шамыркан, кытай Эшимбек, суксурдан Кадыр менен Маке, алдаке-кудайбактыдан Жортуш менен Абылгазы, ботугурдан Сагынбай, кудаймендеден Кырбала дегендер эрдик көрсөтүшүп, таамай атуу менен душманды жоготууга учуратып турушкан.

      26-августта падышалык жазалоочу аскерлер Жети-Өгүз капчыгайын бошотууга буйрук алышкан. Ошол күнү таң эрте саат 5те Угренниковдун отряды буйрукту аткарууга киришкен. Жети-Өгүз капчыгайынын оозунда кыргыздар жазалоочу отрядга катуу каршылык көрсөтүшкөн. Азаттыкты самаган ондогон кыргыздарга ок жаңылып, көз жумган. Жүзгө жакын боз үй өрттөнгөн.Кыргыздар аргасыздан Сырт тарапка чегине баштаган.

      Кийинки чоң салгылашуу 27 августта Чычкан капчыгайында болуп өткөн. Аталган капчыгайга 4 миңге жакын кыргыздар чогулуп, жазалоочуларды каршы алышкан. Салгылашуу өтө курч мүнөздө өткөн, эки тарап тең жан аябай кармашкан. Бул кармашта көтөрүлүшчүлөр тараптан 300гө жакын адам өлүмгө дуушар болгон. Алардын арасында көтөрүлүштү жетектеп турган Мырзабек аттуу баатыр жигит болгон. Жазалоочулар тарабынан 300гө жакын боз үй өрттөлүп, жыйырмага жакын ат атылган. Кыргыздар жазалоочулардын катарынан урядник Дмитриевди атып өлтүрүшкөн. (КР БМА. ф.75. оп.1. дело 11. 41-бет)

      Салгылашуулар мындан кийин да 28-августтан октябрь айынын башына чейин Жети-Өгүз менен Тоңдун аймагында Дарханда, Барскондо, Покровканын тегерегинде, Кичи-Жаргылчактагы бөксө тоолордо, Чоң-Жаргылчак капчыгайында, Кекиликте, Корумдуда болуп, өтө айыгышкан мүнөздө өткөн. Бардык кармаштарга Ысагалы башында турган кыдыктардын атчан топтору катышкан.

      Тарыхчы Т.Шейшеканов:,--“Крайда чыгуучу “Туркестанские ведомости” газетасы 1916-жылдагы № 217-санында “...Тоң өрөөнүндө көтөрүлүшчүлөр менен старшина Бычковдун отрядынын ортосунда чоң салгылашуу болгон. Кармашта көтөрүлүшчүлөр миңге жакын мыкты жигиттеринен айрылышкан. Жазалоочулар 50гө жакын орус туткундарын бошотушкан, алардын арасында доктор Рязанскийдин кызы Флора бар”—деген маалымат жарыялаган деп жазат. (РУз.БМА.ф.461.опп.1.дело 1887.46-бет).

      Сентябрь айында Кеминдеги жана Кочкордогу эл үркүп келип, Ала-Баштан Тогуз- Булакка чейинки аймакка адамдар менен мал батпай калган экен. Себеби, Көңур-Өлөң ашуусу аркылуу Сырт бетине өтүп кетүүгө ыңгайлуу болгон.

      Атаке-сарыбагыш эли алагөз-кабага ашуу бербей, бул элге хан көтөрүлгөн Шабдандын уулу Мөкүштүн буйругу менен анын бир тууганы Самүдүн жыгач каптуу маузер менен асманга ок атып, элдин үшүн алып турган экен. Ошол кездеги болуштун жасоолу Бокбай уулу Убалийдин эсерүүсү:--“Баатыркандын чакыруусу боюнча бул жерге Ысагалы топ жигиттин коштоосунда жете келет Мөкүш -“Эртең ашууну биринчи биз ашабыз, калганың коё тургула. Ким каршы болсо аттырып саламын” деп кыйкырып туруптур. Ысагалы ат омуроолотуп кирип келип: “Ой, жакшыдан жаман туулган ит! Сенин атып салаар душманың ушул элби, душманды тапкан экенсиң”—деп Мөкүштү төбө талаштыра тартып жибергенде, башынан тебетейи ыргып кеткен экен. Мөкүш оозунан сөзү түшүп, колунан камчысы түшүп отуруп калган”. Ошол жерде чогулган эл билермандары кеңешип, эртеси эртең менен жаш балалууларды, кош бойлуу келин-кесектерди, кары-картаңдарды тыңыраактардын көзөмөлү менен чубатып, алардын артынан жүктүү төөлөрдү, өгүздөрдү жетелетип, акырында майда жандык, бодону айдатып, ирээти менен ашууну ашырган экен. Ысагаалы отуздай мылтыкчан шайдоот жигиттер менен элдин артын көзөмөлдөп, Ала-Баш менен Көк-Сайдын ортосунда досой Шыгай бий, ботугур Жийдебай ажы, серең Ыктыбайдын жигиттери менен Коңур-Өлөңдөн элди Сырт бетине ашырып коюп кайра тарткан экен.

      Бирок, качып келип жаткан элдин аягы үзүлчүдөй эмес. Кажы-кужу, ызы-чууга толгон айланада малдан элдин, элден малдын башы адашат. Талдык, коңур-Өлөң, Жер-Үй, Тоң, Тосор ашуулары менен кеч күзгө чейин чубаган элдин аягы үзүлгөн эмес.

      Кайрадан Т.Шейшекановдун маалыматтарына кайрылсак. Тоңдун Улахол болуштугунун аймагына Кочкор тараптан чегинип келген көтөрүлүшчүлөрдүн бир бөлүгү ооп келген. Ошого байланыштуу колониалдык бийлик бул өрөөнгө кошумча аскер күчтөрүн жөнөткөн. (“Туркестанский голос”. 11016.5-октябрь.№73). Ошентип Тоң өрөөнүнүн батыш аймактарында да өтө оор каргашалуу окуялар орун ала баштаган.

      Пржевальск шаарынын тегерегиндеги аймактарда жана Каркырада жазалоо иштерин жүргүзүп жаткан подполковник Гейцигдин отрядынан жардам алып, старшина Бычковдун аскерлери Ала-Баш аймагында кыргыздарга көп азап-тозок, жоготууларды алып келген аёосуз жазалоо операцияларын ишке ашырган. Мына ошондой шартта көтөрүлүшчүлөр оор жоготууларга учурап, Сырт өрөөнүн көздөй чегинишкен. Бара-бара көтөрүлүшчүлөрдүн ортосундагы байланыш үзгүлтүккө учураган.

      2-октябрда полковник Слинко башкарган жазалоочу аскерлер Ала-Баш өрөөнүнө келип, бул жердеги көтөрүлүшчүлөрдү чоң жоготууларга учуратып, сүрө баштаган. Көтөрүлүшчүлөр баш аламан болуп, ашууларга бет алып кача башташкан. Тоңдогу катуу салгылашууларда жүздөгөн кыргыз жигиттери баатырдык менен курман болушкан жана дагы жүздөгөн көтөрүлүшчүлөр жазалоочулардын колуна туткунга түшүүгө аргасыз болушкан. Туткундарды уезддин борбору Пржевальск шаарына жөнөтүшкөн бирок, аларды соттун чечими жок эле жолдон ар кандай шылтоолор менен атып салып турушкан.

      Падышанын регулярдуу, замбирек, пулемёттор жана беш атар мылтыктар менен куралданган армиясынын соккуларына чыдабаган көтөрүлүшчүлөр Кытай жергесин көздөй башаламан, чаржайыт уруу-уруу болуп көчүүгө аргасыз болушкан. Кыргыз тарыхында Үркүн деп аталып калган бул каргашалуу окуя мына ушинтип башталган.

      Жазалоочу отряддарга “бардык кезиккен кыргыз жок кылынсын, алардын айылдары өрттөлсүн” деген буйрук берилген. Үркүн учурунда орус менен кыргыздын ортосундагы мамиле кескин курчуп кеткен, ошонун кесеппетинен эки тарап тең көп кырсык тарткан. Бай,кедейине карабай көл айланасындагы бардык орус кыштактары өрттөлүп, талкаланган, кары-картаңдар, катын-балдар өлтүрүлгөн.

      Орус жазалоочулары да жергиликтүү элди аёосуз кырган. Мунун далили катарында Тоң жергесинде болгон эки кайгылуу окуяны алсак болот. Кытайга үркүп баратып, жол билбей Кырчын жайлоосунда кептелип калган күнгөйлүк саяктардын чиркей уругунун 60ка жакын түтүнүн орус отряды кырып, көзгө көрүнөөрлүк буюмдарын, малын олжолоп кеткен.

      Кара-Коо менен Дөң-Талаанын ортосундагы “Думананын белинде” орус аскерлеринин колунан жырткычтык менен өлтүрүлгөн адамдардын сөөктөрү жатат. Бул жерди жергиликтүү эл “Кырк шейит” деп аташат. 1916-жылы кеч күздө эл үркүп кеткенден кийин үстүңкү өрөөндөгү Коңур-Өлөң, Ала-Баш аймактарында тоо-ташка жашырынып калган Токсоба болуш, Жийдебай ажы баштаган элди генерал Куропаткин жана аны коштоп жүргөн куралдуу отряд “Эч кимиңерге тийбейбиз, чачылып, адашып жүргөн малыңарды таанып алгыла” деп алдап алып келип, Кум-Булуңга үй тиктирип. этке тоюп, аракка мас болуп, кыз-келиндерди зордуктап, элдин арасынан кырк кишини тандап айдап келип, “Думананын белинде” атканын атып, кылычтаганын кылычтап салган.

      1916-жылы октябрь айында Ысык-Көл өрөөнүндөгү элдик –боштондук көтөрүлүш күчүнөн тайып, орус аскерлери тарабынан көлдөгү көтөрүлүштүн негизги очоктору жоюлган. Жазалоочу отряддар Кытайды көздөй качып бараткан элдин артынан кубалап, кыргынды уланта берген. Чегинип бараткан эл Сырт өрөөнүндөгү Кара-Сазга жеткенде Тоңдогу көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири Ысагалы Алматай уулу көтөрүлүшчүлөрдү кайра уюштуруп, жазалоочу орус аскерлерине каршы чыгууга аракет жасаган. Бирок, анын аракетинен натыйжа болбой, эл Бедел ашуусун көздөй багыт алган.

      Профессор Т.Шейшекановдун маалыматына караганда бул элдин жалпы саны 70 миңге жакын болгон. Булар Тоңдогу кыдык, алагөз-каба урууларынан башка дагы Кочкор, Жумгал жана Кемин өрөөндөрүнөн келген кыргыздар болгон. Артынан из суутпай орус аскерлери кубалап кырып, алдынан кытай черүүлөрү тосуп мылтык атып, нечен азап-тозок менен ашууларды ашып, сууларды кечип, сууктан үшүккө алдырып, өлүп-талып отуруп качкан эл Кытайдын чек арасынан өтүшкөн. Ушул улуу Үркүндө качкан эл Кытайга үч тараптан өтүп барган экен. Биринчиси, көбү айтылуу Беделдин ашуусун ашып, суусун кечип, Какшаалдын Кулансарык чөлкөмүнө түшүп, андан чыгышка ооп, Ак-Суу, Үч-Турпан, Күчар, Лобнорго чейин барган.

      Экинчиси, Көгарт ашуусу аркылуу Нарын тараптан качып барышкан. Дагы бирлери Торугарт аркылуу өтүп, көбүнчө атбашылыктар, Тоюн, Терек чөлкөмдөрүнө барышкан.

      Үркүп келген элдин басымдуу көпчүлүгү жан сактоонун айынан колдо бар бирин-серин малын сатып, үй-мүлкүн, буюм-тайымдарын ун-талканга алмаштырышкан. Ал тургай айрым качкындар балдарын бир аяк талканга баалап сатып жиберген учурлар болгон. 1916-жылкы үркүндү өз көзү менен көрүп, анын бардык азап-тозогун жон териси менен сезип, оорчулугун көтөргөн кудайбактынын урпагы Турусбектин Жусубу ошол күндөрдү жүрөк титиреткен саптар менен төмөндөгүдөй баяндайт:

      --Мына бул жер –
      муңдуулардын энеси.
      Мына бул жер –
      өткөн кордук элеси!
      Ачкалыктан курбум өлүп бул жерде,
      калган эле көмүлбөстөн денеси.

      Дагы өлгөн,
      далай жандар мүргүгөн,
      сөөктөрүн карга-кузгун мүлжүгөн.
      Ойлоп көрсөм.
      азыр болуп жаткандай,
      кан бузулуп,
      кайгыланып сүрдүгөм.

      Мына бул жер—
      азап каарын салган жер,
      ушул кыргыз
      жан соогалап качкан эл.
      Ушул жерде
      бет алышып жоо менен,
      кан жошулуп
      кара кочкул аккан сел.

      Мына бул жер--
      эл дүрдүгүп качкан жер,
      ушул адыр
      так ошондо каткан жер.
      Бул кысыктан
      жоону тороп тосом деп,
      окко учуп
      көмүлбөстөн калган эр.

      Окто, отто
      ашууларда кырылып,
      жардан кулап
      бөбөк ыйлап чыңырып,
      Ушул элим
      көп кордукту көргөн эл.
      Ак-Суу, Турпан
      Ак-Ыязды кыдырып.

      Падышачылыктын колониалдык саясатына каршы 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылында ысыккөлдүк кыргыздардын көтөрүлүшүнө бир катар болуштар менен бийлер активдүү катышкан. Алар жана алардын башка дагы эл арасынан чыккан айрым беделдүү адамдар эл менен бирге болуп, жазалоочу аскерлерге каршы элдик күрөшкө жетекчилик кылышкан.

      Көтөрүлүш басылгандан кийин Пржевальск уездинин башчысы полковник Иванов тизме түзүп, ага жергиликтүү элди уюштуруп, күрөшкө алып чыгып, жол башчылык кылган жана көтөрүлүшкө активдүү катышып, айырмаланган кээ бир адамдарды киргизген. Тизменин максаты анда аты-жөнү аталган адамдарды кармап, колго түшүрүп жана жазалоо болгон. Бул тизмеге он эки болуштуктагы жана бир айылдагы көтөрүлүштүн жетекчилеринин жана өтө айырмаланган адамдардын 196сынын аты-жөнү киргизилген. Булардын арасында Тоң болуштугунан Ысагалы Алматаев, Жаанбай болуштугунан Орозон Кудайырбеков, Бекен Өмүров. Жаныбек болуштугунан Ишенбек Жайнаков, Осмонкожо Кангелдиев, Мааткерим Супаев болушкан. (РУз. БМА. ф. 461. оп. 1. дело 1885. 63-бет).

      Дагы бир архивдик даректе Пржевальск уездинин башчысы полковник Ивановдун колу коюлган тизмеде көтөрүлүштүн башчылары катары 22 кишинин аты-жөнү аталган. Ошолордун ичинен Тоң болуштугунан тизмеде төмөндөгү адамдар көрсөтүлгөн:

      1. Ысагалы Алматаев; 2. Бөлтөбай Кийизбаев; 3. Ырсалы Тойгонбаев; 4. Бекен Тойгонбаев; 5. Масталы Тойгонбаев; 6. Сагынбай Алматаев; 7. Орозон Кудайырбеков; 8. Сагынбай Нусукеев—(КР БМА.ф.34. оп.2.дело 5. 165-167-беттер).

      Уезд башчысынын ушундай аракеттеринен кийин “Кыштын толук чагында Караколдон Бычков баштаган жүз казак-орус Бедел ашып келип, Турпандагы кытай башчысына:-- “кыргыздын бузук баштаган баш кишилерин кармап бериңиз”-- дегенде Анбол:-- “мен кыргызды тааныбаймын, өзүң калаадан тандап кармап ал.Калаадагы бектерге кармап бер”,--дегенде Бычков Турпандан киши кармай баштаган... казак – орустар Ак-Сууга келип киши кармаган... Кыргыздардан 70-80 адамды Бычков алып барып, Караколдогу абакка салдырган.(Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы 2-китеп. Б., 1993. 128-бет).

      Орусияда ак падыша тактан кулаптыр деген кабарды уккан эл Кытайда оор жана азаптуу кышты өткөргөндөн кийин, 1917-жылдын жаз-жай айларында туулуп-өскөн Ала-Тоого, Ысык-Көлгө кайтып келе баштаган. Элдин кайтып келүүсү оңой-олтоң болгон эмес. Кеткенден да кайткан күндөр абдан кыйын болду. Күч улоо жогунан жөө-жалаңдап, азык түлүк жок, ач-жылаңач, жолдо баса албай калгандары көркоо иттер менен карышкырларга жем болуп, далай адамдардан ажырап, кайран эл көп кыйынчылыктарды баштан кечирип отуруп, өлгөн-талганда туулган жерге келип жеткен. Келгенде деле жыргап кеткен жок, бүлүнүп, жакырчылыкка белчесинен батып, элдин тумшугу жылыбады. Ачарчылыктан ак шишик басып, айрыкча жаш балдар менен кары-картаңдар өлүп жатышты. Ушуга байланыштуу жаңы бийлик жер-жерлерде “Тамак берүүчү пункттарды” (питатпункт) ачтырды. Эми Ысагалы Алматай уулу Туура-Суудагы Курмандын мечитинин жанында ашкана ачып, ач-арыктарды тоюндуруу үчүн кам көрүп, айыл-айылдардан кой-эчки чогултуп, Каракол, Токмок тараптан ун-талкан алдырып келген. Үркүндө төрт түлүгүнүн көбүнөн ажыраса да, анча-мынча жук-жубуру менен келген жергиликтүү байлар жардам көрсөтүп, суксурдан Берикбай, кудайбактыдан Сарыгул, беккулунун шоңкосунан Бапай, ураалыдан Орунтай, жаанбайдын бейишинен Ногой, торгойдун курманынан Сооронбай сыяктуу бир катар оокаттуулар “питатпунктка” мал союп жөнөтүп турушкан. Тескейде Тоңдо “питатпункт” ачылып, ал алты ай чамасында элди багып... турду. (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы 2-китеп. Б., 1993. 133-бет).

      Бирок, жер-жерлерде орус кулактары тарабынан кыргыздардан өч алуу деген кек менен ары-бери өткөн кыргыздарды ур-токмокко алып жана таш бараңга алып өлтүргөн учурлар көп болгон. Ал тургай жолунан кезиккен кыргыздарды суроо-сопкутсуз эле ит аткандай эле атып жатышты. Т.Шейшеканов дагы бир маалыматты архивден алып келтирет: “Пржевальск уездиндеги көп дезертирлер жана отпускага келген солдаттар кыргыздардан өч алууну эңсешет...Кольцовка кыштагында бир дезертир бар, Сазановка кыштагынын тургуну, ...алардын максаты кыргыздарды жок кылуу болгон... Григорьевка кыштагында кийизге ороп беш кыргызды өрттөп салышты. 18-апрелде Кольцовка кыштагына жакын жерде тогуз кыргыз ошондой өлүмгө дуушар болушту”. (АП РК. ф.811. оп. 20. дело 140.55.63-беттер, Наша газета № 47-49).

      Мындай аракеттерди Керенскийдин өкмөтүнүн тушунда бийликте отурган орус улутундагы айрым кызматкерлер тымызын колдоого алып турушкан. Андан кийин деле жаңыдан орноп жаткан Кеңеш өкмөтүнүн жергиликтүү органдарынын калыптана электигинен жана чабалдыгынан жогорудагыдай терс окуялардын болушуна жол берилген. Ал күндөр жөнүндө кыргыз совет жазма адабиятынын баштоочуларынын жана аймактагы алгачкы агартуучулардын бири Орозакун Лепес уулу (беккулунун ураалысынан болот) 1917-жылы:

      --“Өлүктөрүн иттер жеди бир жактан,
      тирүүлөрү кутулбады кыйнактан.
      Тепкиленип кызыл-ала көчөдөн,
      байлап алып чыркыратты шыйрактан,--деп жазган экен.

      Ошол мезгилдин “ай-кою” жок башаламан замандын капшабы менен орус кулактарынын аткан огунан Ысагалы курман болгон. Ошол күнү Туура-Суудагы Ысагалынын айылына мылтык асынган, аскер кийимчен үч атчан орус келет. Алар жолдон өздөрү менен кошо Саке ажынын уулу Орузбайды. Үрүс ажынын уулу Ыйсаны ала келишиптир. Келген орустардын бири чөнтөгүнөн кагаз алып чыгып,--”Силерди Пржевальскиге бийликтегилер чакырып жатат, биз силерди шаарга коштоп барышыбыз керек, буйрук ушундай”—деп кагазды Ысагалыга берген экен. Кагазда Ысагалыдан башка дагы жети кишинин: Сооронбайдын. анын уулдары Кабыл менен Мусанын, Илебайдын, Бөлтөбайдын, Арыстанбектин. Ыйсанын жана Орузбайдын аты-жөндөрү жазылган буйрук экен. Ат чаптырып, Ысагалынын үйүнө Бөлтөбай менен Арыстанбекти чакыртып келишиптир. Мурунку күнү кечке жуук Ак-Теректен катаган Чыныбек ажы Жети-Өгүздүн Сүттүү-Булагына жолоочулап баратыпп, Ысагалыныкына түнөп калган экен. Аны менен кошо саруу уруусунан Черик аттуу адам келип, кудайы конок болуптур.

      Чыныбек ажы демекчи, анын карындашы Телегей айтылуу Чыныбайдын аялы болгон. Чыныбек ун, талкан алып келүү үчүн кудалары тарапка бара жаткан экен. Орустардын келишинде бир шойком бар экенин сезген Эшимбек Ысагалыга Караколго барбай эле коюну сунуштаганда: --“Орустар менен жакындаша албай жатканда, жок сөздү баштаба”-деп макул болбой, орустардын алдына түшүп берген экен. Мына ошентип, Ысагалы баш болгон 11 адамды Пржевальскиге алып жөнөшүптүр.

      Ысагалы эч нерседен капары жок кошо чакырылып бараткандар менен чогуу аттанып, ал тургай туугандары менен коштошпой жолго чыккан экен. Булар Тамга тушка келишкенде күн батып, кеч кирип кетет. Орустардын ичинен тил билген бирөөсү:--“Эми караңгы болуп калды. Жолдо жүрүп чарчап келдик.Ушул жерге түнөп алып, эртең эрте жолго чыгалы”—дейт экен. Булар токтогон жерде киши жашабаган эски там бар экен. Орустар тамды айланып басып, эшик-терезени текшере баштаганынан шек санап, чогуу келе жаткан Черик тигилерге байкатпай, караңгыдан пайдаланып качып кетиптир. Калгандары жамандыктан ою жок, караңгы тамга киришкенде, орустар каалгасын бекитип туруп, терезеден баарын атып салышат да, өздөрү түн жамына качып, изин суутуп кетишет. Көрсө буларды өкмөт жибербей эле, кыргыздардан өч алууну көздөп, өз алдынча аракет кылып жүргөндөр экен.

      Түн ичинде атылып жаткан мылтыктын үнүн угуп, анча алыс эмес жерде мал издеп жүргөн тосорлук жигит акмалап туруп орустар кеткенден кийин келип болгон окуяны көрүп, айылдаштарына айтып барган экен. Эртеси бир топ адам келип, Ысагалыны дагы башкаларын таанып, Туура-Сууга кабар жиберишет. Бул окуя тууралу Белек Солтоноевдин мындай деп жазганы бар:

      --1916-жылында көтөрүлүш кылган кыргыздарды суракка чакырып кел деп жабдыктуу мужуктарды жиберип, “жолдо качты, каршылык кылышты” деп аткыла деп тымызын уруксат берип турду. Ошолордун бири жарактуу мужуктар Тоңдон Ысагалы Алматаев баш болгон он бир кишини Тамга кыштагына айдап келип, үйгө камап коюп, терезеден аткылап өлтүрдү, качкан үчүн аттык деп мужуктар акт кылганда өкмөт кабыл алды. Өлтүргөндөр жоопсуз кетти. (Б.Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы 2-китеп. Б.,1993. 131-б).

      Катаган-ботугурдун карыяларынын айтымында Чыныбек ажыга биринчи ок тийген көрүнөт, ок анын чекесине тийип, өлүгү баарынын астында калган экен. Тамгада атылгандар кимдер эле? Алар: кеней уулунан Ысагалы Алматай уулу, Сооронбай Маалы уулу, Илебай Маалы уулу, Кабыл Сооронбаев жана Муса Сооронбаев, солтонойдон Бөлтөбай Урбай уулу жана Арыстанбек Кул уулу, жалгаптан Ыйса Үрүс уулу, жакшылыктан Орузбай Саке уулу жана катагандан Чыныбек ажы Абыке уулу. Бул айтылган он шейиттин ичинен Орузбайдын, Ыйсанын жана Чыныбек ажынын сөөктөрүн туугандары алып кетишет, Калган жетөөнүн сөөктөрү Туура-Сууга “Курмандын мечитинин” жанына коюлган экен. чыныбек Абыке уулунун сөөгү Ак-Терекке коюлуп, азыр бул жердеги көрүстөн “Чыныбектин коргону” деп айтылат.


                           II БӨЛҮМ. ЭЛ ЭСИНДЕГИ ИНСАНДАР                                                                                                           (Мазмунга)

                           ЧЕРИКЧИ ЖАКШЫЛЫК УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Биз санжырага таянып кеп кыла турган инсан Черикчи Кыдык бабабыздын Жакшылык деген уулунун үч баласынын бири. Ал болжол менен XVIII кылымда жашап өткөн инсан. Черикчи колунда бар, малдуу-жандуу болгондуктан, ошол байлыгы аркылуу элге таанымал болуп, кадыр-барк күткөн экен. Ал эл бийлеген эмес, бирок урук ичинде анын баркы болгондуктан, аткаминерлер ал кишини кеңешке чакырып, абдан сыйлуу жүргөн экен.

      Элдик санжырада Жакшылык уулу Черикчинин кытай императорунун чакыруусу менен барып, анын ордосунда болгондугу айтылат. Бул окуя кандайча болду эле? Мына ушул тууралу кененирээк кеп козгойлу. Тарыхый булактарга көз чаптырсак, ойроттор Жунгарияда аскердик-феодалдык мамлекет түзүп, бул “Жунгар хандыгы” деп аталып, ал мамлекет 1758-жылга чейин жашап тургандыгын билебиз. Жунгар хандыгы коңшу элдерди багынтып, андан ары Борбордук Азиядагы казак, кыргыз, кара калпак,өзбек жана уйгурларга талоончул жортуулдарды жүргүзүп, ошонун кесепетинен кыргыздар Теңир-Тоодон сүрүлүп,. Фергана, Алай, Гисар тарапка качып барууга аргасыз болгон. Санжырада айтылгандай, бугу, солто, сарыбагыш уруулары ушул тараптарга жер которушкан.

      Ойроттордун мезгил-мезгили менен кайталанып турган жортуулдарынан улам бугу уруусу эле адегенде Кара-Кулжага, андан кийин Кетмен-Төбөгө, кийинчерээк Нарын бетине жер которуп көчүп жүрүшкөн, акыр аягында калмактан жер бошогондо көлгө кайтып келишкен.

      XVIII кылымда солтону Талкан уулу Кошой, сарыбагышты Үчүкө уулу Маматкул, бугуну Жамангул уулу Белек башкарып турушкан. Куулуп-сүрүлүп жүрсө да, сарыбагыштардын жаны тынган эмес экен, жер-суу талашып, коңшу уруулардын жерлерин күч менен тартып алып турушкан.

      “Бул уруунун илгерки жол башчылары Үчүкө Нойгут. Аргын урууларын кырууга катышса, хан Кудаян мүлдө кыргызды “тукум курут” кылып коё жаздаган... Жүз жылга жетпеген мезгилде алар Ферганада, Чүйдө, Кастекте, Ысык-Көлдө, Кочкордо. Ат-Башыда, Нарында болушкан. Өздөрүнүн уруу жетекчилеринин баскынчылык саясатынын натыйжасында алар бир жерге жай алып тура алышкан эмес. Алардын токтобогон жортуулдуу кыймылын орустар токтоткон. (С.Аттокуров, Кыргыз санжырасы. Б., 1995. 119-бет).

      1858-жылы Кытайдын Цинь-манчжур империясы тарабынан Жунгар хандыгы талкаланып, Чыгыш Түркстанга кытай үстөмдүгү орнотулган. Бугу уруусу бул мезгилде Ысык-Көлгө кайтып келип жатканда, сарыбагыштар Кетмен-Төбөдө кала беришкен. Алардын башчысы Маматкул бул учурда абдан карып калган кези экен, 90 жаштан өтүп калыптыр. Маматкулдун уулу Темир баатыр каза болуп, сарыбагыштардын үстүнөн болгон бардык бийлик эми анын уулу Черикчи бийдин колуна өтөт.

      Түндүктөгү коңшу болгон кыргыздардын, айрыкча сарыбагыштардын тынч жүрбөгөн аракеттеринен чочулаган Кытай императору Цзянь Лун Чыгыш Түркстанда өзүнүн бийлигин бекемдөө максатында “Жунгарларды талкаладык, эми силер менен коңшу болуп калдык. Силер чек ара аркылуу көчүп-конуп, тынчыбызды албагыла. Болбосо, чыр-чатак чыгып кетиши мүмкүн” деген таризде кыргыз башчыларына кат жөнөтөт. Бул кат бир чети кыргыздарды сыйлагандыктын, экинчи чети коркутуп, айбат көрсөтүүнүн белгиси эле.

      Ушул катты кыргыздардын башчысына жеткирүү үчүн император Чыгыш Түркстандагы өзүнүн наместниги, генерал Чжао Гойду аскерлердин чакан тобунун коштоосунда жөнөткөн экен. Алар Ысык-Көлдүн чыгышындагы Каркыра аркылуу келишиптир. Ошол кезде бул аймакта жумгалдык чекир саяктар жашап турушкан экен, алар калмактын кысымынан түштүккө качпай, ушул жерге келип туруп калган экен. Кат алып келаткан аскер адамдарын саяктын башчысы Түлкү бий Айта уулу Сан-Ташта тосуп алып, аларды кыдыктарга, Жакшылык уулу Черикчинин конушуна жеткирип келиптир. Ушул жерде генерал-императордун катын Черикчиге тапшырып, аны Кытай императорунун кабыл алуусуна чакырат.

      Кийинчерээк, кытай аскер кызматчысы Шивей Урден Маматкул бийдин өзүнө жолугупп сүйлөшкөндө анын Кытай бийлигине карата эч кандай жаман ниети жок экендигине көзү жетип, императордун кабыл алуусуна чакырган экен. Ошондо, Маматкул бара албастыгын билдирип, өзүнүн ордуна императордун кабыл алуусуна Черикчи бий барарын, ага кошуп Шербек деген ишенимдүү адамын жибере турганын айткан. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам алар Пекинге барышкан эмес экен.

      Генерал Чжао Гой Ысык-Көлдө Черикчиге жолуккан кезде, тагыраак айтканда 1758-жылы Черикчи бий башчылык кылган сарыбагыштар Кетмен-Төбөдө жашап турушкан.

      Кытайдын императору Цинь Лундун салтанаттуу кабыл алуусуна кыргыздардын атынан сарыбагыш Черикчи бий эмес, кыдыктын жакшылыгынын уулу Черикчи барган, аны жумгалдык саяктардын башкаруучусу Түлкү бий Айта уулу коштоп барыптыр, алар менен кошо адигине уруусунан Нышаа баатыр да барган экен. Салтанаттуу кабыл алуу Пекинде 1758-жылы болгон экен. Император Черикчини, Түлкү бийди жана Нышаа баатырды баалуу сыйлыктар менен сыйлаган. Черикчи Цинь империясынын “Чыгыш буруттарды башкаруучу” деген тизмесине кирип, 3-даражадагы чин белгиси (атайын формада тигилген тон) асыл таш чөгөрүлгөн жана тоос куштун канаты сайылган баш кийим менен сыйлаган. Булардан тышкары Черикчинин өкүл катары келгендеги ишмердүүлүгү жогору бааланып, ага ордо кыздарынын бири тартууга берилген. Ушул тартууга келген кызды Черикчи нике кыйдырып, экинчи аялдыкка алат.

      Ошентип, кыдык Черикчи менен сарыбагыш Черикчинин ысымдары окшош болуп калгандыгынан улам, ошол окшоштуктун аркасы менен Кытай императорунун салтанаттуу кабыл алуусунда болуп, анын колунан жогорку даражадагы сыйлыктарды алган. Черикчи тарыхта кытай императорунун кабыл алуусуна барган кыргыз элчилеринин бири болуп жазылып калды..

      Жакшылык уулу Черикчинин биринчи аялынан Сырымбет деген уулу болгон. Императордон тартууга алган экинчи аялы мал четинде жүргөндө толгоосу келип, ээн талаада эркек төрөп алат экен. Баласынын киндигин өзү кесип, баланы белдемчиге ороп алып келатканын көргөн Черикчи малдын алдын тосуп чыгып, аялынан “эмнени ороп көтөрүп алгансың”-деп сураптыр.Аялы: “эчки тууп, ошонун улагын көтөрүп келатам” деп жооп бериптир. Черикчи уулуна Улак деген ысымды ошондон улам ыйгарыптыр. Сырымбет менен Улактын энелери башка, атасы Черикчи.

      Сырымбеттин Жээнбек, Сейит, Борбу жана Чомой деген төрт уулу бар. Ал эми Улактан Тарыхчы жана Эсенгул деген эки уул.

      Санжырада Черикчинин императордон алган “Чыгыш буруттарын башкаруучусу” деген №3-даражадагы чен тону айырмалоочу белгилери менен уулу Улакка мураска калтырылгандыгы айтылат. Кийин бул чен тон укумдан-тукумга өтүп отуруп, Эсенгулдун Ыбырай деген урпагынын колунда сакталып жүрүп, XX кылымдын 30-жылдарында мамлекетке өткөрүлүп берилген деп айтылып жүрөт.


                           АБДЫРАМАН АБА КЕДЕЙМАТ УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Бул кишини бугу элинде XIX кылымдын экинчи жарымында жети болушка чачыратылган кыдык уруусун бириктирүү ишинин демилгечиси жана уюштуруучуларынын бири, калыс жана даанышман инсан катары билишет. Ал Атакан болуштун устаты-насаатчысы.

      Абдыраман 1820-жылы Жууку капчыгайынын ичиндеги Жуукучак деген жерде туулган экен. Абдыраман аба Жуукучак суусунун куймасынан өйдөрөөктө, суунун оң жээгиндеги иймектеги тектирге короо-жай салып, жайы-кышы менен көчпөстөн жашап турган экен. Себеби, Абдыраман аба турган жер малга абдан ылайыктуу болуп, кышкысын жылуу, жайкысын салкын, суунун жээги, калың шалбаа, кышкы тоют ушул жерден эле чабылып, жыйналып алынчу экен. Жууку ашуусу аркылуу Сыртка ашкандар, Жуукучак аркылуу Ара-Бел ашуусун ашып өткөндөр да, кыскасы Сыртка жол тарткандардын бардыгы Абдырамандын конушуна сөзсүз токтоп өтүшө турган. Айрыкча соода кербендери токтоп, өргүп кетишчү экен. Жуукунун оң жээги жана Жуукучакты жердеп турушкан Абдырамандын туугандары кербенчилердин кызматынан пайдаланып, мал-жандыктарын буюм-тайымдарга, кийим-кечелерге, ар түрдүү кездемелерге айырбаштап, абанын аркасы менен оокаттуу болуп, малын көбөйтүп алышкан. Ал тургай, Жуукунун ичине апийим өстүрүшүп, аны кербенчилерге соодалашып, айрымдары Кытайдагы Үч-Турпан, Кулжага чейин барып-келип турушкан.

      Далай жерлерди кыдырып, көп элдерде болуп, алардын жашоо-турмушу, үрп-адаттары, ал тургай сүйлөгөн тилине чейин билген соодагерлер менен байма-бай кызматташып туруунун натыйжасы Абдырамандын аброюнун жогорулашына алып келип, анын кабары узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин тараган.

      Абдырамандын кыдыкты чогултуудагы Атакандын аракеттерине кошкон үлкөн салымы кандай болгонун биз мурунтан кеңири баяндадык эле, эми ал кишинин эл ичинде бүгүнкү күнгө чейин айтылып келе жаткан инсандык сапаттары тууралу кеп оролун улайлы. Анын эл үчүн жасап кеткен жакшылыктары тууралу кыдыктын карыялары ооздорунан түшүрбөй кеп кылышаар эле.

      Абдыраман аба колу ачык, берешен, агыл-төгүл, айрыкча колунда жок кембагалдар үчүн кам көрүп, аларга тукум кылып, мал курап алгыла деп майда жандыктан, саан уйдан жардам кылып, өзүнүн колунда бар туугандарын ушундай кайрымдуулук иштерине үндөп, аларга сөзү менен да, иши менен да үлгү көрсөтүп турган. Өз мезгилиндеги төбөсү көрүнгөн көптөгөн билермандардан айырмаланып, жашоо-тиричилигин жалаң эле төрт түлүккө байлабай, дыйканчылык менен соодага көңүл бурган киши экен. Мунун далили Абдыраман аба түз жерлерди тандап, адырдын этегин бойлото бир нече чакырым аралыкка алыш чаптырган экен. Бул алыш “Абдыраман арык” деп аталып, ал аркылуу азыркы Саруу айылынын чыгыш тарабынан Жалгыз – Өрүк айылынын батыш тарабына чейинки жерлер сугарылат дешет.

      Дагы бир далил, Абдыраман аба Жуукуда апийим айдатып, соодалатып турган. Кыдыктар Тоңго көчүп келгенден кийин деле Ормотой Урумкан уулу, Байдөөлөт Төлөнгүт уулу, Убалий Бокбай уулу деген чоң аталар кайра Жуукуга барып, апийим өстүрүп, аткезчилик кылышчу экен.

      Үчүнчү бир далил, Абдыраман аба Жер-Үйдө картошка, арпа, сулуу айдатып, Кулунчак уулу Султанбек деген тууганын тегирменчи кылып, суу бурдуруп, таш тегирмен чуркаткан деп айтып жүрүшөт. Мына ушундай аракеттердин аркасы менен абанын эли данга кеңири, малы жем-чөпкө карк болуп турган экен.

      Абдыраман аба өзү кат тааныбаса да бала-бакырасынын келечеги үчүн кам көрүп, аларды сабаттуу кылууга аракет кылган адам экен. “Уулуңду окууга жиберели, кат таанып, көзү ачылган киши болуп келсин” деп тууганы Черибай уулу Садыкты көндүрүп, анын баласы Нурдөөлөттү Кашкардан келген билимдүү адамдарга кошуп берип, кийин ал бала окуусун бүтүп кайтып келгенде медресе ачууга жардам берип, тегеректеги айылдардан бала чогултуп, алардын окуусуна колдон келишинче шарт түзүп берген экен. Алар үчүн атайын боз үй тиктирип берип, Берикбай, Кетиркей, Алтымышбай, Жайнак, Ордобай сыяктуу байлар медресенин тамак-ашын уюштуруп берип турушчу экен. Мунусуна караганда балдар бул жерде жатып окушкан көрүнөт. Өз мезгилинде ошол медреседе Байсерке, Мамбеттурду, Орозакун, Абдыжалый, Ашуубай, Аралбай жана башкалар окушуп, диний жагынан жакшы эле билим алышыптыр. Кийин булардын бардыгы аймактагы алгачкы агартуучулардан болушкан. Тайлак уулу Чоробайдын Эген жана Эгемберди деген балдары да Кашкардан окуп келишкен экен.

      Аба көпчүлүк байлардай күтүрөтүп мал күткөн эмес, тирелтип дүйнө-мүлк жыйнаган эмес, дүңгүрөтүп аш-той деле өткөрбөптүр. Бирок, дайыма үйүнөн киши үзүлбөгөн чоң аш, чоң казан, дасторкону жыйналбаган сыйкор киши болуптур.

      Бир жылы жайдын күнү Абдыраман аба жатакчылардын абалын билейин деп жайлоодон жакага түшүп келаткан экен. Жол боюнда Ак-Сайдын ичинде суу жээгинде жалгыз үй туруптур. Ошол үйдөгү келин өтүп бараткан абаны көрүп, ал кайрылып келатканда аны сыйлап, ошону менен андан жардам сурамакчы болот. Каптын түбүндө ундун арасында сактап жүргөн койдун жамбашы бар экен, ошону салып, жакшылап бышырып коюп, Абдыраман абанын жолунан тосуп чыгып жүгүнүп:

      --Аба, биздикине түшүп даам ооз тийип кетиңиз—дегенде келиндин көңүлүн кыя албай аттан түшөт.Келин жалгыз жамбашты Абдыраман абанын алдына коюп, тамагын берет. Кол жууп, бата тиленгенден кийин аба:

      --Эмне үчүн бул жерде жалгыз үй отурасыңар?,--деп сурайт.

      --Унаабыздын жогунан жайлоого чыга албай, элден калып калдык,--деп келин башын төмөн салат.

      --Ээ балам, тарткан жамбашың күчтүү жамбаш турбайбы. Анан ушул жерде жалгыз үй болуп калып калмак белеңер, күйөөңө айтып, Көк-Жайыкта жайылып жүргөн төөлөрдүн арасында башына нокто катылган бир төө бар, ошону кармап келип көчүп алгыла. Ошол төөнү береги эркек балаңа энчиледим, тукум кылып алгыла. Чоң жамбаштын күчү ушул эмеспи, балам,--деп карсылдап күлүп аттанып кеткен экен.

      Абдыраман аба кара кылды как жарган калыс адам болгону тууралу да эл ичинде аңыз кеп айтылып жүрөт. Жаздын күнү катуу жут болуп, элдин малы көп чыгашага учурайт. Ошондо Таштаке Байбото уулу Канай баатырды ортомчу кылып ал аркылуу Кеней Курман уулунан бала-чакага ак ичирип алайын деп саан уй сураткан экен. Кеней атабыз алпейим, берешен киши болгондуктан, уулдары Маалы менен Алматайдан 3-4 уйду музоолору менен айдатып жиберет. Тукулжурап турган Байбото уулу ак ичип, бапырап эле калышат. Ошентип Таштаке атабыз бул уйлардын пайдасын жакшы эле көрөт. Жыл маалынан өтүп, эл жайлоого көчөөрдө Кеней уйларын суратып киши жиберсе, Таштаке — “Уйларды мен сенден алган эмесмин, Канайдан алгам”—деп бербей коёт. Ошондо Таштакенин бул жоругуна ачуусу келген Канай уйларды айдатып келип алат. Эки ортодо убара болгон Кеней торгойдун билермандарын чакыртып, Таштаке менен Канайды топко салат. Бул жерде Кеней менен Канайдын ортосунда кер-мур айтышуу болуп кетип, Канай ат үстүнөн Кенейди кылыч менен чаап жиберип, ал ошол жерде жан берет. Бул жердегилер Кенейдин жанында алек болуп жатышканда Канай кетип калган экен. Канайдын мындай опсуз жоругуна ачуу келген торгойдун билермандарынын бир тобу “Канайды атка сүйрөтүп өлтүрүү керек” дешсе, дагы бир тобу “жылаңачтап чычырканакка бөлөп сабайлы” дешет, кээ бирөөлөрү Канайдын бул күнөөсү үчүн бүтүндөй беккулуну кунга жыгып, талап алабыз деп жатышты. Акыры, ары-бери кетип жатып, Кенейдин кунун анын жаназасына эл чогулуп келгенде аныктап, Канайды жазалоо маселесин ошол күнгө калтырып, топ тараган экен.

      Кенейдин жаназасын окуй турган күн да келди. Жаназага эле эмес, Кенейдин куну үчүн беккулуну чаап алабыз деп делөөрүгөн эл өтө эле көп жыйналып келди. Кенейге топурак салуу үчүн жоон топ билермандар мененБоромбай султан да келген экен. Ал кишини атайын тигилген жүз баштуу үйгө киргизип, ал үйдө ар кайсы уруктардын аттуу-баштуулары да чогулуп отурушкан экен.

      Баарынын оюнда Кенейдин кунун кантип өндүрөбүз, бул үчүн Канайды эмне кылабыз деген маселе турду. Боромбай султан абдан кыжаалат болуп отурду, анткени, Кеней да, Канай да ага абдан кадырлуу адамдар эле. Күн шашкеден өтүп калганда бир топ ага-туугандын коштоосунда Абдыраман аба өкүрүп келди. Кенейдин жакындарына көңүл айтып, Абдыраман аба четке чыга берээрде чий каланган боз үйдүн түбүндө жалгыз бир бала өкүрүп жатат дейт:

      --Ажал жетсе айла жок,
      атам өлдү кайгырбайм.
      Кун төлөтүп, чаптырып,
      тууганымдан айрылбайм.

      Бул өкүрүп жаткан бала Кенейдин уулу Алматай эле. Абдыраман аба:

      --Кой балам, тагдырдын жазмышы ушул Эми, өкүрүгүң башкача болуп калды, эл-журтуң бүт чогулуп турат, эмне оюң бар, айтып кал, биз да айтаарыбызды айтаарбыз, --дегенде Алматай:

      --Эки күндөн бери көзүм чачырап, Сизди келип калса деп күтүп жаттым эле. Бүгүн элге калыс сөзүңүздү айтыңыз. Өлгөн да өз атам, өлтүргөн да өз атам. Атасынын өлүмү үчүн өз тууганын талатып, кун өндүргөн деген сөзгө калам го. Беккулуну тентитип жиберип, эл аралап кантип бастырып жүрөм, абаке”—деп агынан жарылды. Баланын бул кебине ыраазы болгон Абдыраман аба:

      --Оп, баракелде балам! Сөз эмес бекен! Атанын уулу деген ушул, атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн деген кеп ошол үчүн айтылат,--деп баланы кучактап маңдайынан сылады да, султанга учурашайын деп Боромбай султан отурган үйгө кирди.

      Салам айтып кирип келген Абдыраманды көрүп, төрдө чепкенин желбегей жамынып отурган Боромбай обдула берип, алик алганча шашты.—Кел Абдыраманым, кел. Бери жакын отур—дегенде оң капталдагы 3-4өө тура калып, Абдыраманга орун бошото беришти.

      --Ии, Абдыраманым, болоор иш болуп, боёсу канып, Кенекем келбес жагына кете бериптир. Эрдиги бар, эси жок демекчи, Канай өтө оор иш жасап коюптур. Сырттагы элдин жаалы катуу, кандай бүтүм болот деп күтүп турат. Кенейдин кунун Канайдын кылыгы үчүн беккулудан алабыз деп жатышат го.

      Жарга жаман такалып турам. Канай баатыр далай ирээт керегиме жарап, шилтеген жагыма чабылган кылыч болуп берди эле. Азыр Канайга тартып койсом, султан баатырына ооп кетип, калыстыктан тайды дейт, Кыдык туугандардын каалоосуна макул десем Канай баатыр экинчи менин жүзүмдү карабай калат го. Акылың тунук жан элең, туңгуюктан чыгуунун жолун таппайсыңбы Абдыраманым,--деп Боромбай султан өтүнүч менен тигилди.

      --Туңгуюктан чыгуунун бир жылчыгы болуп турат султаным,--деп Абдыраман аба Кенейдин уулу Алматайдын өтүнүчүн айтып берди. Жаш бала болуп туруп, өзүнүн да, элинин да эртеңкисин терең ойлогон Алматайдын мындай өтүнүчүнө ыраазы болгон Боромбай султан Абдыраманга тике эле сунуш кылды:

      --Мени бир балээден куткар Абдыраманым, Кенейдин кунун өзүң бычып бер.

      --Сиз ыкылас кылып турсаңыз, анан мында отургандар макул болсо, мен бул ишти жайгарып берейин,--деп Абдыраман аба отургандарды тегерете карады.

      --Болду анда , сөз бүттү,--деп Боромбай ордунан козголгондо мындагылардын баары сыртка тура жөнөдү.

      Кенейдин жаназасына деп Чычканга чогулган эл беккулуну камчыга ченеп бөлүп алуу менен кундун эсебин өндүрүү жөнүндө ар кайсы жерде топ-топ болуп, кун алуунун кызыгын кеп кылып, кыжы-кужу болуп жатышты. Сөөк чыгардын алдында Боромбай султан баштаган уруу билермандары Кенейдин кунун алабыз дегендердин алдына келишти. Боромбайдын ишараты менен султанды тегеректегендердин арасынан Абдыраман суурулуп чыгып, тынчтангыла дегендей оң колун өйдө көтөрдү эле кылкылдаган көпчүлүк бир саамга дымый түшүп, Абдырамандын оозунан эмне деген сөз чыгат дегендей, андан көз албай кулак түрүп калышты.

      --Оо журт, --деди Абдыраман аба, --Кенейдин куну жок, кун алгыдай Кеней менен Канай жат кишилерден эмес, бир атанын балдары. Кенекемдин сөөгүн тынч узаталы. Алматай балам өлгөн да өз атам, өлтүргөн да өз атам деп айтып жатат. Бүгүн кун төлөтүп койсок бир атанын балдарына жик кетет, көкүрөктө кек калат. Мунун эртеңкиси жаман болот. Беккулу менен майназар бири-биринен кун кууп отурса, эрдин куну бүтпөскө айланат. Бир атанын балдарынан анан барып жалпы кыдыктын ынтымагына доо кетет.

      Жанатан дымырай түшкөн көпчүлүктүн ичинен бирөө кыйкырып сала берди:

      --А, Канай эмне болот, аны жөн эле коёбузбу?

      --Өлтүрөбүз аны, өлтүргөндө да таш бараңга алып өлтүрөбүз.

      --Сыйыртмак салып сүйрөтүш керек, Канайды.

      Ушинтип ар кайсы жерден бири бирин колдогон кыйкырыктар чыгып жатты.

      --Токтоткула ачууңарды,--деп Абдыраман аба үнүн катуу чыгарды,-- мунуңар жарабайт, бул өлүмгө өлүм, канга кан дегенге тете нерсе эмеспи карангүн! Бүгүн Канайды өлтүрсөң эртең сени өлтүрүп коё турган бир беккулу жок бекен? Ошентип эле бириңди бириң өлтүрө бересиңби? Канай, Канай дегениңерди токтоткула. Канай өзү эле өлдү, өлбөсө кана, Канай жаныңарда барбы? Жок. Мындай көпчүлүктөн Канай баатыр качан калчу эле. Демек, өлгөнү ошол Канайдын.

      Абдырамандын бул сөзүнөн кийин кыйкыргандар басылып, көпчүлүктүн жүйөөлүү айтылган кепке кошулбаска ылаажысы жок эле.

      --Эми кудай Кенейдин артын берсин, арты кайырлуу болсун,--деп Боромбай султан маселеге чекит койду. Ошентип беккулуну талап алып, Канайдан кун өндүрөбүз дегендер Кенейдин жаназасына туруп, топурагын салып, куранын окуп, өлүк сыйын көрүп, Кенейдин арбагы ыраазы болсун деп тарап кетишти.

      Элдик санжырада Канай менен Абдырамандын ортосунда болгон кеп тууралу да айтылат. Канай баатырдын конушу Сүттүү-Булакта экен. Бир күнү үйүндө отуруп, ачууга алдырып Кенейди өлтүрүп алганы үчүн айласы кетип, өзүн коёрго жер таппай кең дүйнөсү тарып турган Канай жигитин жиберип, Абдыраманды чакыртат экен. Абдыраманды ал өзүнө мүнөздүү сүрдүү кабак, айбаттуу түр менен кабыл алыптыр. Абдырамандын айткан саламын ооз учунан алик алып:

      --Көзмө-көз отуруп, өз оозуңдан угайын дедим.Кенейдин кунун жайгарымыш болуп, өлгөн Кенейге кошуп мени да өлдү дептирсиң, мунуң кандайча,--деп сураганда:

      --Ээ, баатыр, жөн жеринен кеп чыкмак беле. Сиз ачууга алдырбай сабыр кылсаңыз бул балакет кайдан болот эле. Сиз мерт кылып койбогондо , Кенейдин куну кайдан чыгат эле. Өзүңүз айткандай, элдин ынтымагы үчүн жайгарып койдук. Көпкөн адам көпкөн адатын карматса – көпчүлүктүн көйгөйү. Көйгөйгө салып коюп, көпчүлүктөн жашынса – ал адамдын өлгөнү. Болоорун болтуруп коюп, качып кеткениңизге жол болсун. Бул баатырдын кылаар иши эмес!

      Тирүүнүн иши эл менен, өлүктүн иши көр менен дейт. Кенейди жайлаган кол Кенейге топурак салганга жарабайбы? Өлгөнүңүз ушул эмеспи, баатыр”,--деп жооп бериптир Абдыраман аба.

      Ары таамай да, ары жүйөөлүү да айтылган бул кепке Канайдын баш ийбеске чарасы калган жок. Суроо салбай эле койсом болмок экен деген ойго келдиби, айтор Канай баатыр оор күрсүнүп, эки тизесин мыжыган бойдон отуруп кала берген экен.

      Абдыраман аба өз доорунун заң-мыйзамына, андагы оош-кыйыш кубулуштар менен окуялардын шарданына ылайык калыптанган инсан. Анын заманы Кокон хандыгынын Ысык-Көлгө жана Теңир-Тоого кирип келүүсү менен башталып, көчмөн уруулардын, ириде бугу-сарыбагыштын чабышы, Орусия дөөлөтүнүн кыргыз жерлерин каратып алуусу, оторчулук саясатынын зомбулуктары менен коштолуп жүрүп отуруп, анан барып, элдин турмуш-тиричилигинде Орусиянын таасири менен жаңы өзгөрүүлөрдүн пайда болушу менен аяктаган.

      Мына ошол мезгилде болуп өткөн татаал окуялар Абдыраман абанын 85 жылдык өмүрүндө дээрлик баштан аяк коштоп жүрүү менен эле жөн болбостон, журт камын ойлогон адам катары анын көз карашы менен аң-сезиминин калыптанышын да шарттаган. Ошол доордун улуу инсандары Боромбай султан, Тилекмат аке, Самсалы бий жана башкалар Абдыраманга түздөн-түз таасир тийгизишкен. Табиятынан токтоо, сабырдуу жана акылдуу Абдыраман үчүн мындай залкарлардын айткан акыл кептерин угуу, жолун жолдоо –турмушундагы чоң табылга, чоң олжо болгон. Боромбай султандын ордосунун Жуукунун Кызыл-Үңкүрүндө болушу Абдыраманга күндө болбосо да султан менен керек болгон учурда баарлашып турууга мүмкүнчүлүк берген.

      Адамдык сапаты бийик, элинин камын ойлогон чарбачыл, даражасынын улуу экендигине карабай туромуш-тиричилигиндеги башка адамдардан айырмаланбаган жупунулук сыяктуу сапаттары аркылуу Боромбай султан Абдыраманга абдан чоң таасирин тийгизип, ошого жараша ал дагы жөнөкөй, жупуну, чарбачыл жашаган адам болгон.

      Абдыраман үчүн Тилекмат аке да жол көрсөткөн шам чырак сыяктуу эле. Анын ар бир айткан сөзүн көкүрөккө жат кылып, жасаган ишин жашоодо үлгү туткан. Тилекмат аке бугунун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, эл үчүн ат көтөргүс эмгек өтөп, нечен жолу элчиликте жүргөндө жанына белектен салмаке Бала Карачты ала жүрчү дешет. Ошол сыяктуу эле Тилекмат аке жаш Абдыраманга көңүл буруп, солто элине элчиликке барганда аны жөн эле аткошчу катарында эмес, жан жолдош катары да ала барган экен. “Менин жанымда жөн эле отурбай, мен эмне деп жатам, Түлөке эмне деп жатат, сүйлөшкөн ар бир сөзүбүздү кулагыңа куюп ал, ар бир кыймыл-аракетибизди эсиңе түйүп ал, кийин элге айта жүргөнүңө жакшы”—деп эскерткен экен.

      Тилекмат акеден адамдарга карата ак ниеттүүлүк, калыстык, жагдайга карата сөз таап, абалга туура баа берүү сыяктуу сапаттарды Абдыраман үлгү катары кабыл алган деп айтсак болот.

      Самсалы бийдин да Абдыраманга таасири чоң болгон. Ал кишини кыдык уруусундагы бийи катары гана эмес, тууган ичинде да абдан кадырлаган. Самсалы бийдин эл ичиндеги айрым талаш-тартыш, чыр-чатактарды чечүүдөгү калыстыгын, уруунун кызыкчылыгы дегенде эч кимден жалтанбай бетке айткан кашкөйлүгүн, максатына жетүүдөгү көктүгү менен өжөрлүгүн Абдыраман аба жогору баалаган. Орус бийлиги тарабынан Верный (Алматы) шаарынын түрмөсүндө өлтүрүлгөн Самсалынын сөөгүн Оргочорго алып келишкенде аны коюу зыйнатын уюштуруп, Абдыраман аба Самсалы бийге карата болгон өзүнүн терең урматтоосун билдирген.

      Абдыраман аба “төкмөлөрдүн төрөсү” аталган Арыстанбек ырчы менен жакшы мамиледе болгон. Арыстанбек сыркоолоп жатканда анын абалын сурап келет. Ошондо Арыстанбектин:

      --Атайылап телчитип,
      агайынды ээрчитип.
      Абдыраман сен келдиң,
      азаптуу дарттан тура албай,
      алдыңдан тосуп чыга албай,
      армандуу күнгө кептелдим,

      --деп жамактаганы экөөнүн кандай мамиледеги адамдар экендигин көрсөтүп турат. Жаш курактары жагынан тең чамалаш, бир чөлкөмдө өсүп жетилген бул экөө бирин- бири терең урматтап, сыйлашып өтүшкөн экен.

      Абдыраман аба 1905-жылы 85 жаш курагында кайтыш болуптур. Ал киши өлгөндө жааган жамгыр ал кишинин сөөгүн жерге бергенге чейин тынбай көнөктөп жаап, анан токтогон экен. Демек, табият да ал кишини катуу жоктогон окшойт деп карыялар айтаар эле. Абдыраман абанын сөөгү Жер-Үйдөгү “Жал” деп аталган байыркы сепилдин урандыларындагы көрүстөнгө коюлган. Кезегинде Токтоболот уулу Солтобай ырчы Абдыраман жөнүндө:

      --Журттун камын ойлогон,
      Жуукуда Абдыраман бар.
      Акылгөйлүк жагынан,
      алдынан өтпөйт далайлар,--деген экен.

      Санжырада ал кишинин ата-теги төмөндөгүдөй: --Кыдык бабабыздын Жаанбай деген уулунун экинчи аялы Суксур энеден төрөлгөн үч баланын улуусу Элчибек. Андан бери Жумаш-Эсен-Кедеймат болуп кетет. Кедейматтан Абдыраман, Ыраман. Абдырамандан Токсоба, Эсенгелди жана Жунуш. Кийинки экөөнөн тараган тукумдары Жер-Үй Эшперов, Бөкөнбаев айылдарында, Бишкек, Балыкчы шаарларында жашап турушат.


                           КАНАЙ БААТЫРДЫН АРМАНЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыдыктын торгой уругунан чыккан Канай баатыр жөнүндө эл арасында көп аңыз кептер айтылып жүрөт. Ал уламыш кептер көбүнэсе көбүртүп-жабыртылган мүнөздө, бир беткей каралоо түрүндө айтылып, Канай баатырдын чыныгы бейнеси ушунун көлөкөсүндө чүмбөттөлүп, толук ачылбай калган. Натыйжада, бүгүнкү муундар Канай баатыр тууралу ал кишинин терс жактарын эле билишет. Булар билгендери гана.

      Чындыгында Канай ким болгон? Канай Койсойбос уулу XIX кылымда жашап өткөн инсан, бугу элинин атактуу баатырларынын бири. Анын атасы Койсойбос бий кыдыктын торгой уругунун башкаруучусу болгон. XIX кылымдын орто ченинде кыргыздардын арасына эки жолу илимий максат менен келген орус окумуштуусу В.В.Радлов Койсойбос бийдин карамагында 800 түтүн эл болгонун жазат.Койсойбостун 7 уулунун экинчиси Канай. Ал бала кезинен эле шок, эч нерседен тартынбаган, чыйрак чоңойгон бала экен. 14-15 жашында эле жортуулдарга чыгып, жылкы тийип жүргөн. 20-25 жашында көлдөгү кокондук чептерди талкалоого катышып, жеке эрдиктерди көрсөткөн. Бул тууралу эл арасында:

      --Каары катуу Канайга,
      кимдер чыдап тура алат.
      Төбөсүн кандап, баш кесип,
      коконду келет кубалап,

      --деген жамакталып айтылган сөздөр тарап кеткен.

      Канай жөнүндөгү уламыштарда аны көбүнчө караөзгөй, ачуулуу, кандан-бектен кайра тартпаган канкор адам катары сыпаттап жүрүшөт. Эл оозунда Канай баатырдын сарыбагыштардын кыз-келиндерин чечиндирип, мазактаганы, аян Байзактын күлүк атын жок жерден чыр чыгарып тартып алганы, казактын улуу жүзүнөн жылкы тийип келгени, Таштакеге уй музоолору менен алып берип, кийин аны бербей, ошонун айынан Кенейди өлтүрүп койгону, жети бапанын башын кесип алганы жана башка жоруктары жөнүндө көп айтылат.

      Акын жана санжыра жыйноочу Олжобай Сагынбаевдин “Кыдык-Торгой жана Атакан” деген 2003-жылы жарык көргөн китебинин 56-бетинде “Канай келе жатат дегенде ыйлаган бала сооронуп, чоң кишилер ордунан ыргып туруп, эмне балээ баштаар экен деп титирешкен. Канайдын шайтаны көзүнөн куюлган, “Бөрк ал десе баш алган” зөөкүр жигиттери болгон. Алар кол башчысы Канайды ээрчип, айылдарды кыдырып жүргөн. Канайдын шайтаны кармаса, күнөөсү бар-жогуна карабай, башын кылычтап алып, жай-баракат бастырып кеткен”-деп айрым мисалдарды келтирет. Андан ары ушул эле бетте “Канайдын мындай зөөкүрдүк иштери көп ирээт кайталанган. Ал эми кербендерди коркутуп, салык алып калуу кадыресе көрүнүштөрдүн бири болгондугун айрым санжырачылар баса белгилеп жүрүшөт”,-- деп жазат. О.Сагынбаевдин бул жазгандарында Канай тууралу айрым апыртмаларга жол берилип калганы байкалып турат.

      Бул боюнча кезегинде санжыра иликтөөчү. СССРдин эл агартуусунун отличниги, кесиби боюнча тарыхчы мугалим Байсеркеев Муратбек молдоке да кайчы пикирин жазды эле. Жогоруда айтылган уламыш кептер менен эле Канай мындай, Канай андай болгон экен деп ал кишинин кылган иштерине бир тараптуу баа берүүгө болбойт. Барыдан мурда ал өз доорунун адамы. Ошондуктан Канай баатыр ошол өзү жашаган замандын талап-шартына ылайык көчмөндөрдүн уруулук кызыкчылыгынын чегинен чыга албай жашап өткөн инсан.

      Сырткары алыс жерлерге чейин барып, башка бир элдин же уруунун малын, дүнүйө-мүлкүн басып алып, адамдарын туткундап, олжолоп келүү ошол доордогу баатырлардын көнүмүш иши болгон. Алар ушундай аракеттери менен элди багууга салым кошкон. Жылкы тийбеген, уурулук же каракчылык кылбаган баатыр болгон эмес. Мындай учурларда кармашуулар, сайышуу-чабышуулар жана киши өлтүрүүлөр болбой коймок эмес.

      Көчмөн кыргыздардын жазылбаган мыйзамында буга уруксат берилген. Бул бардык эле көчмөн элдерге мүнөздүү белги болгон. Баатыр өзүнүн жигиттери менен сырттан болуучу көчмөндөрдүн ар кандай кол салууларынан өз уруусунун чегин коргоого алып турган. ошол мезгилдин шарттарына ылайык бул уруунун ар бир эркек жаранынын ыйык милдети деп эсептелген. Баатыр деп таанылган адам өз уруусунун жана ириде уруу башчысынын эркин жана кызыкчылыгын коргоп, уруу башчысынын буйруктарын аткарган.

      Уруулар ортосунда дайыма жайыт, мал талашкан чыр-чатактар болуп, ал тургай уруу төбөлдөрүнүн ортосунда мансап, бийлик, таасир талашуу күрөштөрү менен коштолуп турган. Канай баатыр да ушул жогоруда айтылып кеткен шарттарды, талаптарды аткарып, ошонун чегинде аракет кылган көп баатырдын бири болгон.

      Эки уруу элдин башына “каран түн” түшүрүп, көп азап-тозокту алып келген бугу-сарыбагыш чатагында да Канай баатыр карандай эрдиги менен көзгө көрүнгөн. Мезгилдин өтүшү менен жортуулдарга жана кан төгүлгөн кармашууларга катышып, көл айланасында эле эмес, Чүй, Нарын тараптарга, ал тургай коңшу казак элине чейин таанылып, баатыр катары аты чыккан. Канай баатыр Боромбай султандын. Балбай баатырдын заманындагы бугу элиндеги белгилүү баатырлардын бири болуп, ал тууралу ар кандай оң-тетири аңыз кептер айтыла баштаган. Буга анын мүнөзүнүн катаалдыгы, ороң-бараң айтылган сөздөрү, ачууга алдырып жиберген аракеттери себеп болгон. Көл өрөөнүндөгү баатырлар санжырада ар түрдүү аталып жүрүшөт. Арыктын санжырачыларында “Көлдүн жети баатыры” деп жетөөнүн аты аталса, белектин санжырачылары “Көлдүн беш баатыры” деп, беш баатырдын ысымдары саналат. Ал эми кыдык менен желдеңдин санжырачылары тогуз баатырды айтып келишкен. Балбай баатырды Балбай кылган бугулардын эле эмес, жалпы көл элинин башкаруучусу Боромбай султандын башка уруу билермандарынын арасында аброй күтүп, тең ата даражага ээ болушуна өзүнүн кара күчүн аябай карандай эрдиги менен жанын канжыгага байлап, башын өлүмгө сайып коюп күрөшкөндөрдүн бири ушул Канай баатыр болгон.

      Элдик санжырада Балбай менен үзөңгү кагышып, жортуулдарда чогуу жүрүп, айкашкан кармаштарда анын колуна кол, бутуна бут болуп эрдик көрсөткөн көкжал баатырлардын тогузу саналат. Алар – Өмүр, Жанек, Намазбек,Жунуш, Тагай, Молдо, Нурдөөлөт, Ашырбай жана биз кеп кылып жаткан Канай.

      Боромбай султан башка баатырлар сыяктуу эле Канайдын эрдиктерин да жогору баалаган, урматтоо менен мамиле кылып, ага чоң ишеним арткан. Тарыхый окуялар көрсөткөндөй, XIX кылымдын 50-жылдарында түзүлгөн оор кырдаал “карайлаган там сүзөт” кылып, бугу уруусун орус букаралыгын алууга аргасыз кылды. Боромбай султан ушул кадамды жасоого аргасыздан барды. Бүгүнкү күндүн баамында караган айрым тарыхчылар канчалык бул кадамды “орустарга кулдук урган” деген таризде айыпташпасын, Боромбайдын Орусияга кошулуу чечими ошол кездеги бугу уруусу мүңкүрөп турганда, өз жери өлөң төшөгүндө мындан ары жашап кала алабы же жокпу деп айласы кетип турганда кабыл алынган бирден бир туура чечим болгон.

      Сарыбагыштардын үстөккө-босток жасаган чабуулдары, Кокон хандыгы тарабынан болгон кысымчылык, коңшу турган Кытай Богдыханынын кыргыз жерлерине тынымсыз көз артуусу жана казактарды каратып алган Орусия дөөлөтүнүн кыргыздардын ирегесине кирип келиши кыраакы жана аяр саясатчы катары Боромбай султанды Орусияга кол сунууга мажбур кылган.

      Бирок, Боромбайдын мындай кылганын айрым бир бугунун таасирдүү адамдары сыяктуу эле Канай баатыр да жактырган эмес. Орус куралдуу отрядынын, анын артынан удаа эле орус аскердик-илимий экспедициясынын көл жээгине келиши менен орустардын таасиринин таркалышына биринчилерден болуп Балбай баатыр каршылык көрсөткөн. Демек, Канай да бул жерде Балбай тарабында болгону айгине иш.

      1858-жылы Боромбай султан көз жумгандан кийин бугунун таасирдүү билермандарынын жикке бөлүнүүсү күчөдү. Бир тарапта орустарга кошулууну жактаган Качыбек, Өмүрзак, Зарыпбек турса, экинчи тарапта буга каршы болушкан Мураталы, Тилекмат, Самсалы жана Чоң Карач турушту. Балбай баатыр өзүнө берилген жигиттери менен акыр аягына чейин орус бийлигине баш ийген эмес. Акыры аны карматып, Верныйдагы түрмөгө каматып, уулантып өлтүрүштү. Ушундай эле тагдырга кыдык уруусунун билерманы Самсалы бий да туш болду.

      Акырында каршылаштарын толук баш ийдирип, Орус бийлиги көлдө бекем орноду. Эми Канай баатыр үчүн кыйын кезеңдер башталды. Тилекмат уулу Чыныбай уезд башчысынын жардамчысы болуп шайлангандан кийин ал иш жүзүндө көл айланасындагы элдин бирден бир чексиз бийлөөчүсүнө айланган. Чыныбай:--“Менин жалгыз коркконум–кыдык каракөйнөк Канай”—деп айтчу экен. Ошондуктан, ал мурдатан бери келаткан бугунун жакшыларына болгон ич күптүсүн айрыкча кыдыктардан чыгарган. Ошолордун ичиндеги өч алуучу адамдардын алгачкысы болуп Канай баатыр эсептелген.

      Кыдык уруусун жети болушка бөлүп чачыратканда Канайды Сүттүү-Булактагы Кум-Дөбө деген кыштоосунан көчүрүп чыгарган. Канай баатыр үй-бүлөсүн Ак-Терекке көчүрүп келүүгө аргасыз болгон. Аны менен бул жерге туугандарынын айрымдары көчүп келишкен экен.

      Канайдын тагдырынын татаалдыгына бир кыйла даражада таасир кылган дагы бир окуя бар. Бул—Курман уулу Кенейдин өлүмү. Кенейдин өлүмүнө себеп болгон окуялар тууралу санжырада айтылган баянга токтололу. Анда мындай деп айтылат:--Кайсы бир жылдарда жазында аба ырайы катаал болуп, тоют түгөнүп турганда калың кар түшүп, катуу жуттан элдин көп малы кырылып калат. Байботонун балдарынын малы көбүрөөк чыгымга учурап, жаздын күнкү үзүмчүлүктө алардын тиричилиги өтпөй калыптыр. Айласы куруган Байбото уулу Таштаке Канайдыкына келип түшөт.

      --Ой баатыр, колдо бар малдан кол жууп, бала-чака акка зар болуп турат. Күзгө чейин саап ичип турганга бир нече саан уй керек эле. Тиги Кеней сенин тилиңди алат, анын үстүнө малдуу да эмеспи, анын малы анча чыгымга учурабаптыр, ошондон саан сурап бере аласыңбы,--деп Таштаке атайылап келген оюн айтты. Эртеси Таштакенин өтүнүчү менен тууган ичинде боло бере турган милдеттен кутулайын деп Кенейдикине келип, ага Таштакенин өтүнүчүн билдирди.

      Кеней малдуу, алым-беримдүү, берешендиги менен элге таанылган адам экен. Тигинин өтүнүчүн жерге калтырбай, “төлүн тукумдукка алып калып, башын күзүндө кайтарып берсин” деп бир нече баш музоолуу уйду Таштакеникине айдатып жиберет. Күндөр өтүп, күз да келет. Күз кышка, кыш жазга алмашып, жыл маалынан өтүп эл жайлоого көчөөрдө Кеней берген уйларын кайра суратып алуу үчүн уулу Алматайды Канайдыкына жиберет. Алматай үйгө шыдыр кирип, салам айтып:--“Баатыр ата, сизде атамдын аласасы бар экен, берсеңиз айдап кетейин деп келдим”—деп эки колун бооруна алып туруп калат. Жаш баланын шыдыр кирип, шар сүйлөп, жалтанбай тике кайрылып турганы үчүн бир чети жактырып, экинчи чети Кенейдин ушундай баласы бар экенине ичи тарып, жаш баланын жүрөгүнүн үшүн алып, мизин майтарып коёюн деген ой кылып, Канай керегенин башында илинип турган кылычты көрсөтүп –“Келе, тигини алып бер”—деп күркүрөп кол жаңсады. Ичинде кири жок Алматай өзүнө ылайык элпектик менен кыны жок илинип турган кылычты дароо алып бере койду. Кылычты колуна алып, сол колунун бармагы менен мизин кармалап, кабагын түйүп, сүрдүү көз менен бирде кылычты, бирде баланы алмак-салмак тиктеп, анан барып коломтодогу тулганын кырына кылычты жаный баштады. Көзүн ирмебей тике карап турган балага ансайын жини келген Канай “тос башыңды” деп күркүрөгөндө эч жамандык ойлобогон бала чөк түшө калып, калпагын колуна ала коюп башын тосо берди. Канай баланын төбөсүнөн шилисине чейин кан чыгара тилип:-- “Атаң экөөндүн менде дагы кандай аласаңар бар”—деп баланы оолактата түртүп койду. Эшиктен кирип келген байбиче баланын кызыл ала кан болгон башын көрүп, абышкасын каргап-шилеп кокуйлап жатып, кийиз күйгүзүп басып, канды токтотту. Алматай калпагын баса кийип, үн жок сөз жок аттанып кетти. Ачууланган Канай түштөн кийин Таштакенин жайытынан уйларды айдатып алды.

      Бул окуяга ачуусу келген Кеней торгойдун сакалдууларын алдырып, Канайды топко салды. Кер-мур айтышуу күчөп, отурган элдин көз алдында Канай ачууга алдырып, Кенейди кылыч менен чаап таштады. Сакалдуу-көкүлдүүлөр ызы-чуу түшүп, бүк түшүп жыгылган Кенейди тегеректеп жатышканда, Канай атына ыргып минип, караан үзүп кеткен экен.

      Бул окуя да Канайдын аброюна доо кетирген. Эми ал өз ага-туугандарына да батпай, кыдык ичинде элден четтеп, аш-тойлордо, эл чогулган жерлерде, топ жыйындарда көрүнбөй калган. Чыныбайдын зордук-зомбулугу, ал тарабындагы орус бийлигинин кысымы, Кенейдин өлүмү, тууган ичиндеги көралбастар тарабынан Канайга жабылган жалаалар менен көбүртүп-жабыртылган ушак-айыңдар Канайдын кийинки жашоосуна терс таасирин тийгизип, кайран кишинин калган өмүрү армандуу, өкүнүчтүү жагдайда өткөн.

      Канай баатырды жакшы билген желдең Солтобай ырчы ал кишинин армандуу күндөрүн ырга салган. Бул ыр “Канайдын арманы” деп аталып, ооздон-оозго өтүп, бизге келип жетти:

      --Жаш чагым өттү жалындап,
      ат жалында чабыттап.
      Кайран өмүр баратат,
      өчкөн чырак өңдөнүп,
      билиги түтөп закымдап.
      Карааны жакын келатат,
      карылык мени такымдап.

      Кылган ишиң жөнүндө,
      мезгил жетсе эл билет.
      Жаман жагын ойлобой,
      жакшы жагын белгилеп.
      Убара тарткан ишиңди,
      убакыт өтсө эл билет.
      Улуктардын айтканын,
      орундаттым элчилеп.

      Ууру кылдым, эр сайдым,
      утуру ойлоп эл жайын.
      Атчан жүрдүм,жөө жүрдүм,
      душман бутун бастырбай,
      чекте туруп жоо сүрдүм.

      Матай менен Кылычты,
      Тагай менен Жунушту.
      Өмүр менен Жанекти,
      Намазбек менен Ополду,
      казатка салдым жол баштап.
      Жоого каршы чыкканбыз,
      намыс үчүн туу аштап.

      Султаным асыл Боромбай,
      саяктарга бар деди.
      Баш көтөртпөй аларга,
      аянбай айып сал деди.
      Бараандуу султан Боромбай,
      бапаларга бар деди.
      Баш ийбесе өзүңө,
      башын алып сал деди.
      Кырааным султан Боромбай,
      кыдык менен желдеңдин,
      кыйырын тескеп кел деди.
      Ээн сүйлөгөн кишинин,
      эсебин колго бер деди.
      Дөөгүрсүгөн жан болсо,
      сурагын өзүң бил деди.
      Жоопко келбес неменин,
      жонунан кайыш тил деди.

      Кечээ кокондуктар келишип,
      чепти куруп бекинип,
      элге салык салганда.
      Коңур-Өлөң, Тосордон,
      элди бөлүп алганда.
      Баатырым Балбай баштаган,
      бугулардын жигиттер
      сарбаздарын өлтүрүп,
      чебин бузуп талкалап,
      жараганбыз намыска.

      Баатырым Балбай эми жок,
      Боромбай султан деги жок.
      Ошол эрлер барында,
      баатыр Канай аталгам.
      жарандардын жанында,
      жалпы элге жага алгам.

      Опузалап хан Ормон,
      бугуга колун салганда.
      Оргочордун түзүндө,
      оодарып ийе салганда.
      намыс үчүн туу туруп,
      салгылаштык урушта.

      Бүгүн,
      баатырым Балбай көзү жок,
      кан ичкич Канай аталдым.
      Колдон каруу кеткенде,
      жаш улгайып жеткенде,
      кай жерге барып бата алдым.

      Кеней менен Таштаке,
      экөө бирдей тууганым.
      Көрбөй турган чара жок,
      тагдырдын башка салганын.
      Таштакенин айынан,
      өлтүрүп алып Кенейди,
      өлчөөсүз күнөө кылгамын.

      Калк чогулуп Чычканда,
      Кенейдин кунун бычканда.
      Абдыраман жайгарып,
      Кенейди кунсуз кылганда.
      Ооматым кетип башымдан,
      ошондо жаман ардандым.
      канкор Канай аталып,
      калкыма батпай сандалдым.

      Жазаңды тарткын Канай деп,
      жазмыш буйрук кылганбы.
      Жайлап алып тууганды,
      мени ошондо кудай урганбы?
      Тууганыма батырбай,
      туурсуз Канай кылганбы.

      Оңбосун, Күчүк оңбосун,
      ушак кепти таратты.
      Кара мүртөз Канай деп,
      кылып жатат санатты.
      Жалаа жаап күчөтүп,
      жалган кепти таратты.

      Эл ичине бата албай,
      ээн жүрөм өзүмчө.
      кордукка түштүм бул күндө,
      корунуп элдин көзүнчө.
      Арманым айтып жатамын,
      айлам куруп бул күндө.

      Колумду байлап коёт деп,
      кармап көзүм оёт деп.
      Кестикти кармап жатамын,
      кекиртектен соёт деп.

      Мээнетим куруп бул кезде,
      бекинип үйдө жатамын.
      Кечээки кул бүгүн чоң,
      мен ушуга капамын.

      Кармап колум байлайт деп,
      качып жүрөм орустан.
      Кантейин бүгүн кор болдум,
      Балбайым жок болушкан.

      Хан Боромбай тушунда,
      каарданып оолукам.
      Сумсайып бүгүн отурам,
      султанымдын жогунан

      Көөдөнүм толуп арманга,
      көкүрөк кирдеп дат болдум.
      өзгөлөр эмес карангүн,
      өз ичимде жат болдум.

      Ошентип кайран баатырдын өмүрүнүн акыркы жылдары көөдөнүнө батпай, көкүрөгүн тииреген арманга жык толуп, жалган дүйнөдөгү өмүрүнүн өтөлгөлүү да, өкүнүчтүү да жагдайларын карылыктын элегине салып экчей келгенде, өтөлгөсүн өкүнүчтүү таасирлер булгап койгонуна арман кылып өткөн экен. Баатырдын сөөгү Кичи-Жаргылчак менен Ак-Теректин аралыгындагы Кыргоо деген жерге коюлган дешет.

      Бүгүнкү күндө Канай баатырдын урпактары Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу, Светлая Поляна айылдарында, Тоң районундагы Бөкөнбаев, Эшперов, Кажы-Сай жана Темир-Канат айылдарында ошондой эле, Бишкек жана Балыкчы шаарларында жашап турушат.

      Өткөн тарыхыбызда орун алган белгилүү инсандардын катарында бабабыз Канай баатыр тууралуу кеп кылганыбызда оңду-солду айтылган аңыз кептерге, “акты ак, караны кара” деген позицияда туруп, чындыктын көзүн ачуу менен мамиле кылышыбыз керек. Канай баатырдын эли-жери үчүн жасаган эрдиктери унутулбашы абзел. Бул үчүн ал өз кезегинде өмүрүн бычактын мизине такап коюп күрөш жүргүзгөн.

      Ал эми Канай баатырдын “эрдиги бар эси жок” дегендей жасаган айрым жоруктары өзү өкүнүп, арман кылып айткандары бүгүнкү замандаштарыбыз, айрыкча жаштарыбыз үчүн сабак болушу керек.

      Мен ушул саптарды ата-бабаларыбыздын башынан өткөргөн окуяларын бүгүнкү күндүн өкүлдөрү биле жүрүшсүн, алардын арбактарын сыйлап, эскерип жүрүшсүн деген максат менен жаздым. Албетте, Канай баатыр бабабыздын арбагы мына ошондой сыйга жана эскерүүгө толук татыктуу.


                           НАМАЗБЕК БААТЫР                                                                                                           (Мазмунга)

      Бугунун ичинен Кыдык уруусунан чыккан атактуу баатыр. Баатырдын жашап өткөн доору жоокерчилик заманга туура келет. Бирде казактар келип жылкы тийсе, бирде калмактар келип, айылды чаап, жылкы тийип кетип турган. Кыргыздын уруу ичиндеги майда уруштар күчөп отуруп, чоң чатакка айланып кетип, көптөгөн баатырлар, эр жүрөк жигиттер шейит кетишип, кыз-келиндер олжолонуп, мал-жан тонолуп, айылдар чабылып турган. Мындай чатак күчөп отуруп, эки элдин чон чабышына алып келген. Бул чабыш Бугу менен Сарыбагыштын чабышы аталып, санжырада калган. Бул эки элдин согушуна башка уруулардын эр-азаматтары да эрксизден катышкан.

      Биз кеп кыла турган айтылуу Намазбек баатырдын заманы так ушул Бугу менен Сарыбагыштын согушуна туш келген. Согуш үч жылга созулуп, эки элдин далай баатырларын, карапайым элдин, эр-азаматтардын башын жуткан. Көптөгөн келиндер кара кийип‚ нечендеген балдар атасыз жетим калышкан.

      Намазбек баатыр Кыдыктын Жакшылык деген уулунан тараган Борбу байдын Ормотой деген уулунун баласы. Ормотойдун Түлөкабыл, Намазбек, Ыманбек деген үч уулу болгон. Үч уулдун ичинен Намазбек баатыр чыгып, кыдык элинин көк туусун көтөрүп, жоого колун баштап, калың кыдык элинин намысына жаралган уул экен.

      Ормотой чечек оорусуна кабылып, жаш кезинде эле каза болгон, аялы Агача сарыбагыш уруусунан кадимки Төрөгелди баатырдын жакын эжеси болот. Борбу байдын малын ууру-кескилер ала баштаганда аргасы кеткен Борбу келинине: -Агача балам, ууру көбөй-үп, мал-жанга ээлик кылбай колдон талашып жатат. Ормотойдун жоктугу билинди. Мен Төрөгелди кудама жигит чаптырып сүйлөштүм, балдарыңды алып сен ошол жакта боло тур. Кечээ майда жандыкка кошуп Ормотойдун жылкыларын айдатып жибердим, мен эми үч неберемден айрылгым келбейт, балдарың эр жеткенче Төрөгелди баатыр силерди канатына калкалап алат, -дейт.

      Ошентип Намазбек баатырдын балалык кези Төрөгелди баатырдын айылында таякелеринде өткөн. Намазбектин көкбеттигин, тайманбастыгын байкаган Төрөгелди баатыр жанына кошо ала жүрүп, жоонун сырын, найза кармап, кылыч чабуунун ыгын үйрөтуп, уруу ичиндеги майда уруштарга салып казактардан жылкы тийип калса Намазбекти жанынан чыгарбай ала жүргөн. Төрөгелди баатырдын айылына келишкенде Ормотойдун жылкычысы Черибай кошо келген, календер уруусунан болот. Ошол Черибай жылкы кайтарып жүрсө, сарыбагыш ичиндеги жети ата ууру жигиттердин экөө келип жылкы тийгенде Черибай четин союл менен жыга чаап бирөөнү өлтүрүп коёт. Өлгөн тараптан өч алабыз деп эр-азаматтары келгенде Төрөгелди баатыр токтотуп койгон. Буга болбой улам-улам Ормотойдун жылкысын уурдай беришкенде, ачуусу келген Намазбек баатыр тигилердин жылкысын тийген. Жылкыны куткарып калууга келген сарыбагыш жигиттеринин эки-үчөөсун чокмор менен чаап өлтүрүп койгон экен Намазбек баатыр.

      Жигиттеринен айрылган тигил тарап Төрөгелди жээндерине тартып коёт дешип, Ормонго барып даттанышкан. Ормон Төрөгелдиникине келип болуп өткөн окуяны айтып-туугандарыбыз мага келип арыз-доосун айтышты. Бир жигитибизди Черибай өлтүрүп койгондо күнөө өзүндө деп тим болдук эле. Эми минтип бакандай үч азаматыбызды Намазбек жыга чаап өлтүрүп коюптур, өз эл өз жерибизде туруп кыдык элинен бери тентип келген ушулардан көрөбүзбү? Жээнибиз Намазбектин канын сурап жатышат, кандай кылабыз? деп Төрөгелди баатырга кайрылды Ормон.

      Бир азга унчукпай отуруп, Төрөгелди баатыр кеп баштады. -Намазбек курчтук кылып койду, намысы күчтүү жигит. Баралына келгенде кыдык элинин керегине жараган баатыр болот. Анан элинин намысына жаралган баатыр жигитти экөөбүз кармап берип, өлүмгө кыйып жиберебизби? Эжебиз Агачага эмне жооп айтабыз? Ормотой өлүп, төркүнүндө баш-паанек кылып жүрсө, баласын ажалдын оозуна салып беребизби? деди эле, Ормон унчукпай отуруп калды.

      -Бул ишти өзүм бүтүрөм, -деп Ормонду узатты. Эжеси Агачаныкына кирип, -Эже, чыр-чатак күчөп баратат. Өлгөн балдарга кун доолап, Намазбекти өлтүрөбүз деп жатышат туугандарым. Көпкө тынчытып тура алчудай эмесмин, балдарың эр жетти. Эми, өз элиңерге аттансаңар болот эле, -деди Төрөгелди баатыр. Эжеси көзүнө жаш алып, унчукпай баш ийкеп макул болду. Намазбек баатырды өзүнчө ээрчитип барып, -Эжем менен сүйлөштүм макул деди. Курчтук кылып эр өлтүрүп койбодуңбу, эми бул жер сага жер болбой, эли эл болбой калды. Бир туугандарың болуп кичинеңде келдиң эле, эми минтии эр жеттиң. Колубуздан келген жакшылыгыбызды аяган жокпуз. Тайларыңда жүрө бербей өз туугандарыңдын жүгүн көтөр. Сендей баатыр жигит өз журтуна керек. Кыдык элинин камчысын чаап, кылычын шилтеп кызматын кыл, -деп Төрөгелди акыл-насаатын айтты Намазбекке. Эртең көчөбуз деген күнү тай союп, эт тартып, керегеде илинип турган кылычты Намазбек баатырга тартуулап, “өзгө кынынан суурулбасын, душманыңа ажал болуп чабылсын”, деди.

      Кочкордон көчүп чыгышып Калчага келгенде артынан чаң чыгып калды. Болду-болбоду куугунчулар деп Намазбек баатыр иниси Ыманбектин Сөөлкөз деген күлүгүн минип тосуп чыкты. Алдыда чабдар ат минген дугдуйган олбурлуу бирөө узун найзасын сундуруп келатат, Намазбек Сөөлкөздү теминип беттеп чыкты. Жакындап келгенде узун найзасын кагып жиберип, чокмор менен шилтеп өттү, тиги дугдуйган жигит чабдар аттын үстүнөн кулап, бир буту узөңгүдө калып, үрккөн ат сүйрөп кетти.

      Мындай болоорун күтпөсө керек сарыбагыштын ичинен эки жигит бөлүнүп, Намазбекти көздөй чабышты, калгандары жылкыларды беттеп жөнөштү. Намазбекти беттеп келаткан эки жигиттин бирөөсү эки жеңин чыканакка чейин түрүп, кылычын кезеп алдыда келатат. Чокморун такымына кысып, таякеси тартуулаган кылычты кынынан сууруп алып Намазбек баатыр мунусун беттеп чыкты. Экөө кылычташа түшүп, көз ирмемде тигил жигит аттан кулап түштү. Жолдошунун аттан кулаганын көрүп. Беркиси аттын башын буруп камчыланып качып жөнөдү. Артынан кууп жетип жылан боор өрүлүп, сөөмөйдөй жерине коргошун уютулган булдурсун камчы менен тизеге чаап өтүп, Намазбек баатыр кылчайып карап койбой, ары жакта чабышып жаткан бир туугандарын көздөй кетти. Камчы тийип тизеси сынган жигит атынан ооп түштү. Куугунчулар такаат бере албай 7-8 кишисинен айрылып, качып калышты. Жылуу-Суунун суусунан өткөруп, Кара-Каманды кечире кууп кайра тартышты.

      Тизесинен жаракат алып, онтоп жаткан жигитти атына мингизип, кетирип жиберди. Жолдо келатышканда бир туугандары тиги жигитти эмнеге тирүү кетиргенин сурашканда «менден да жаш жигит экен, бала эле бойдон тура, колум барбай койду» деген экен Намазбек баатыр. Туулуп-өскөн жерине келишкенде айыл-апасы тосуп чыгышып, энеси Агача, балдары Түлөкабыл Намазбек, Ыманбек, календер Черибайдын баштарынан суу тегеретип, киши баспаган жерге төгүп, өргөөсүнө кийирди. Төрөгелди баатыр эжесин балдары менен узатып жатып, жедигер уруусунан Ашыр, Тойтук деген эки баланы кошуп берген. Борбу бай бул эки баланы өзүнүн айылына алып калган Неберелеринин, келининин аман-эсен келишкендерине ак боз бээ чалдырып, айыл-апасына түлөө өткөрдү Борбу бай.

      Түлөкабыл, Намазбек, Ыманбек тайларында жүрүшкөндө сес көрсөтүп турган Ормотой баатырдын көзү жоктугунан пайдаланып, желдең Жанек баатыр маал-маалы менен Борбунун жылкысын тийии турган. Намазбек баатыр ата-конушуна келгенден кийин Жанек баатыр жылкы тийгенин токтоткон. Арадан жылдар өтүп, чыр-чатак унутулгандан кийин, Төрөгелди баатырдын аталаш тууганынын кызы Куунакка сөйкө салышып, Намазбек баатырга алып беришкен.

      Кылжырдан Орозбакты, Дөөлөтбакты эки уул, ушул эки бир туугандын урпактары чатакташа кетишип, чоң согушка алып келген. Тарыхта «Бугу менен сарыбагыштын чабышы» деп аталып калды.

      Ормон хан Бугу. Сарыбагыштын сакалдууларын чакырып -«Балдар эригип кетишти, байге коюп ордо ойнотолу, балдар кымыз ичип, этке тоюшсун» -деп ордо оюнун уюштурган. Ордо Ормон хандын айылында Кочкордо болгон. Көлдүк бугулардан Боронбай бий, Мураталы бий, Сарт аке, Кыдык уруусунун бийи Самсаалы, Борбу бай, Намазбек баатыр, каракөйнөк Канай баатыр жигиттери менен барышкан.

      Чүкө калчашканда сарыбагыш тараптын чүкөсү конуп, сарыбагыштын оюнчусу ордону бузуп кирип, чүкөлөрдү чертип чыгарып жатып жыдып калат. Бугу тараптын оюнчусу кирип, ал да жыдып калат. Оюнду жаңыртып башташып, сарыбагыш тарап утуп алышат. Бугу тарап кеңешип, Ормон ханга келишип, -«Биздин оюнчубуз карыган ата-энесин карап келе албай калды эле, уруксат берсеңиз ошол оюнчубузду алдыралы дешип, көлдө калган Чыйбылды алдырышкан.

      Чыйбыл келип, ордону бузуп кирип, чүкөлөрдү чертип чыгара баштайт, бир кезде оң колу жарылып кан чыгып кетет. Ормон ханга кайрылып, -Ханым, ат которуп алсам болобу, -деди эле Ормон «өнөруң болсо көрсөтө бер» деп баш ийкеди дейт. Оң колу менен абалакты алып оң чөнтөгүнө салып, сол чөнтөгүнөн абалагын алып чыгып, сол колу менен тооруп кирип, чүкөлөрдү чертип чыгарып бүтүп, ордодогу ханга келгенде Ормонду карап: -Ханым, хан чүкөну чертип аламбы же жөн эле аламбы -дегенде Ормон: -Хандын көзүнчө хан чүкөнү чертип албайт, жөн эле аласың —дейт экен. Аңгыча ары жакта турган Балбай жетип келип «чертип ал, жөө чалдын башынан ашыра черт» деп шыбырайт. (Бугулар Ормонду «жөө чал» дешчү экен). Чыйбыл Ормон хан тарапты караса, жанында отурган аксакал адам менен сүйлөшүп жаткан экен. Тобокел деп хан чүкөну чертип жибергенде Ормон хандын башынан алыс кетиптир. Оюнду көрүп отурган элдин арасынан бирөө, -«Хандын башынан хан аттап кетти, Ормондун иши оңбой калды» деген экен.

      Сарыбагыш тарап утулуп калганына намыстанган Ормон хан байгени бербейм деп чыгат. Чыр чыгып кетээрин байкаган калыстар эки тараптан эки балбан күрөшсүн, байге жеңген тарапка ыйгарылсын деген бүтүмгө келишет.

      Бугу тарап Намазбек баатырды чыгаралы деп жатышкан экен, Төрөгелдинин чыкканын көрүп, «таякем менен күрөшмөк белем» деп Намазбек баатыр баш тартып коёт. Балбай баатыр белден өйдө чечинип, шымаланып ортого чыкты. Экөө бири-бирин жыга албай далайга күрөшөт, акыры калыстар «күрөштү токтоткула, байгени тең бөлүп берели» дегенде Төрөгелди баатыр боюн таштап жиберет экен. Ушундан пайдаланып Балбай баатыр Төрөгелдини так көтөрүп жерге уруп, башынан аттап кетет. Ачуусу келген Төрөгелди баатыр чындап кол сала турган болгондо Адыл келип, кылычын Төрөгелдиге бере коёт. Намазбек келип Балбайга чокморун берет. Мына ушул жерден чындап кан төгүлүп кете турган болгондо ортого аксакалдар түшүп ажыратып калышат.

      Ошол жерден Ормон хан, -Бул чунактын эмине кылганы, менин башымдан хан чүкөнү ашыра черттирсе, Төрөгелдинин башын аттаса, атандын оозун урайын катын бугу, байге эмес, балакет жок силерге, -деп чатак чыгарат. Бугуларга байгесин бербей узатып жиберишти, бугулар жолдо келатып сарыбагыштын малын байге үчүн деп айдап кете беришти.

      Сарыбагыш ичиндеги чагалдак уруусунун бир кишисинин атын Балбай баатыр «түш аттан» деп алып кетти. Кийинки жылы Тоңго таштап кеткен Ормондун жети жүздөй иригин Намазбек менен Балбай айдатып барып элге таратып жиберген. Мына ушундай окуялар күчөп отуруп, эки бир тууган элдин ортосунан жарака кете баштаган.

      Ормон хандын атасы Ниязбек: -Балам, бугу, сарыбагыш бир Кылжырдын балдарыбыз, ошол бир туугандарыңды өзүнө тартсаңчы, десе, -мен ошол албарсты катын бугунун балдарын эрмек кылбаганда кимди эрмек кылам, -дейт экен. Ниязбек карып калган кези экен, -ошол сен катын бугу деп жаткан энебиз болот. Аталарыбыз Бугу эне кайыптын кызы, касиеттүү киши, -деп айтчу эле. Анан ошол касиеттүү энебизди албарсты дейсин. Ошо Бугу эненин арбагы сени албарстыдай басат го, Ормон балам, -деп тим болгон экен.

      Атын тарттырып жиберген чагалдак уруусунун кишиси Ормонго келип даттанса, -жаның жокпу, биз менен чектеш турган кыдыктардын жылкысынан уурдап албайсыңбы, -деп көкүтүп койгон. Ал байкуш Намазбек баатырдын жылкысынын четине келип акмалап жүргөндө, жылкы кайтаргандар көрүп калып кубаласа көлгө кирип кетип чөгүп өлгөн.

      Байге үчүн деп айдап кеткен малымды, Намазбек менен Балбай элге таратып жиберген ириктеримди, анан тиги чагалдактын кунун өндүрөм деп бугунун жерине келип, Балбай баатырдын колунан каза болот.

      Ормон хандын өлүмү бугу менен сарыбагыштын согушуна алып келген. Бугу элинин колун үч топко бөлүп, Көлдүн тескей жагын Кыдык уруусунун колу тоскон. Ортоңку топтун колуна Балбай баатыр башчы болуп, Белек тукуму тоскон. Көлдүн күңгөй жагын Өмүр баатыр башкарып, Арык тукуму тоскон. Кыдык уруусунун колуна Намазбек баатыр башчы болуп, жанында каракөйнөк Канай баатыр, жаанбайдан Берик баатыр болгон.

      Желдең уруусуна Жанек баатыр башчы болгон. Көлдун тескей бети менен сарыбагыштардын колун баштап Сатай мерген келген. Эреже, ата салты боюнча жекеге чыгышат. Кыдык тараптан Борбунун уулу Айтбай чыкты. (Борбунун кичүү байбичесинин баласы). Сарыбагыштын найзакерин аттан оодара сайып, атын олжолоп келди. Эки эр жекеге чыгып найзалашкандан кийин, эки жак бири-бирине ач айкырык салышып, чабуулга өтүштү. Кылычташып, найзалашып, чокморлор чокуга ойноп, аттар кишенеп, кокуйлаган үндөр чыгып, чаң-будуң эле чыгып калды. Намазбек баатыр Адыл баатырды издеп таап, наркескен болот кылычы менен туулгасын жара чапкан экен. Башынан жаракат алган Адыл баатыр Аксур тулпары менен Намазбек баатырга жеткирбей кутулуп кеткен. Согуш күүгүм кирип, көз байланганда токтогон. Сарыбагыштын Бугу элине болгон биринчи согушу кар түшүп, ашуулар жабылганда токтогон. Сарыбагыштардын экинчи чабуулу жаз келип, кар эрип, ашуулар ачылганда башталган.

      Намазбек баатырдан кылыч жеп башынан жаракат алган Адыл баатыр кыш бою жаракатын дарылатып катуу даярдык менен келген. Бир жигитине өзүнүн Аксур тулпарын мингизип, зоот-туулгасын кийгизип, -«Намазбекти жекеге чакырасың, Намазбек ушул акылыбызга азгырылып жекеге чыкса кудайдын бергени, Сатай мерген өзүн атпай, атын атып сал, Намазбек мага тирүү керек, -деп катуу табыштады.

      Эки кол тирешип келгенде эле Адыл баатырдын дайындаган жигити Намазбекти жекеге чакырып, Аксур менен ортого чыкты. Өткөн жылкы чабышта Адылдын түбүнө жете албай калган Намазбек баатыр алдына жетелеп келген атына минип, кыдыктап ураан чакырып чаап чыкты. Өңүп жаткан Сатай мерген Намазбек баатырдын басмайылын кырка атып салды. Этине ок тийип ачынган ат эки аягына тик тура калганда ээр-токуму менен кошо шыпырылып түшүп калды Намазбек. Сарыбагыштын колунан беш-алтоо чаап келип, баатырды тегеректеп калышты.

      Таякеси Төрөгелди тартуу кылган наркескен болот кылычы менен эки жигитти аттан түшүрө чабат. Тирүү колго түшүрө албасына көзү жеткен сарыбагыштар найзалап кетишти. Агасы Түлөкабыл, Айтбай, каракөйнөк Канай баатырлар чаап чыгышып, ажыратып калышты. Аттарынан түшө калышып, баатырды жөлөп-таяп отургузалы дешти эле отура албай койду, чалкасынан жаткызышып кийимдерин чечишсе денеси ар кайсы жеринен тешилип, канга боёлуп калыптыр. Агасы Түлөкабылдан чалап сурады эле, далдалактап чуркап барып канжыгадан айранын чечип келип тизелеп отура калып, инисинин башын жөлөп айрандан ичирди. Найза менен бишкектеп салышкан экен, ичинин ар кайсы жеринен кан менен аралаш айран агып чыкты. Агасы Түлөкабылдын көзүнөн жаш кетип, эмне кылаар айласын таппай отурганда көзү сүзүлө түшүп үзүлүп кетти кайран баатыр.

      Баатырынан ажыраган Кыдык уруусунун колу чегинип отуруп Текеске жеткен. Андан ары жүрүп отурушуп, айтылуу Жаңыл мырзанын конушуна жетишет (Лоб-нордо кытай жери). Ошол жерден Намазбек баатырдын сөөгүн жерге беришкен. Киндик каны тамган, балалыгы өткөн ата конушунан топурак буюрбай, алыскы Жаңыл мырзанын жеринен топурак буюрган экен кудайым Намазбек баатырга. Намазбек таякеси Төрөгелди Балбайдын туткунуна түшөөрдөн он чакты күн мурун каза болгон.

      Түптүн кептешинде Төрөгелдинин колу менен Балбайдын колу салгылашып жатканда «Намазбек жоо колунан каза тааптыр» деген кабар келген, үзөңгүлөш досунун өлумунө ишенбей Балбай ачуусуна уугуп, ким колдуу болуптур деп сураган экен. Кабар айтып келген чабарман -«Сатай мерген өнөр көрсөтүп, басмайылын кырка атыптыр. Андан кийин сарыбагыштар найзалап кетиптир» -дейт.

      Сатайды өлтүрүп, Намазбектин каны үчүн деп канынан ууртаган дешет Балбай баатыр. Намазбек баатырдын кегин кууп Жанек баатыр Адыл баатырды өлтүргөн экен.

      Ак күбө тонун жамынып,
      Аксурду минип чамынып.
      Айкырыгын уккандар,
      акылынан жаңылып.
      Асаба туусун жайганда,
      Адыл чыкты майданга .
      Жанек баатыр ошондо,
      көк түтүнүн булатты.
      сур келте менен бир атты,
      Аксур аттын үстүнөн,
      Адыр эрди сулатты.
      -деген казал эл оозунда калган.

      Баарыдан мурда бул санжыра экендигин эске алышыбыз керек. Чындыгында Адыл баатыр Аксур ат менен көлдү сүзүп өтүп, кутулуп кеткен экен. Илгери ушул Аксурду тай кезинде Солтонкул бай Адылга тартуулаптыр.

      Балбай: -«Ушундай атты душманга бересиң» -деп ачууланганда: -«Менин жылкымдын арасынан Аксурдай тулпар табылаар, Адылдай баатыр кайдан табылат?» -деген экен Солтонкул бай. Тарыхий маалыматтар боюнча, кийин 1860-жылы Адыл баатырды Жан-Булакта орус аскерлери колго түшүргөн.

      Намазбек баатыр болжол менен 1805-1807-жылдары төрөлүп, 1855-жылы теке айында курман болгон.


                           САМСАЛЫ ЖАЛГАП УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Самсалы XIX кылымдагы бугу уруусунун белгилүү адамдарынын бири. Ал кылым ортосундагы бугу элинин тарыхындагы өтө оор, чалкеш заманда жалгап уругунун бийи болуп, башка уруктар менен теңата деңгээлде башкарган, чечкиндүү, билгич, айтканы эки болбогон урук башчысы экен.

      Бугу-сарыбагыш калайманынын мезгилиндеги орус аскердик-илимий экспедицияларынын учурундагы андан кийин көлдө орус бийлиги орноп оторчулуктун алгачкы этаптарындагы Самсалынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу урунттуу окуяларга, ал кишинин өлүмүнө байланыштуу баянга бир аз токтолдук эле. Эми санжырада айтылып, айрым санжыра иликтөөчүлөрдүн жазгандарына таянып, Самсалынын өмүр жолундагы бүгүнкү муундун өкүлдөрүнө анча белгилүү болбогон маалыматтарга токтололу.

      Акын-журналист Мээркан Токсобаеванын “Торгой баатыр” деген китеби 2019-жылы Бишкек шаарындагы “Улуу тоолор” басмаканасы тарабынан жарык көргөн. Автор бул эмгегин айрым санжыра иликтөөчүлөрдүн оозеки жана жазма маалыматтарынын негизинде даярдап чыгарган.

      Эми, Торгой баатыр китебинин айрым беттеринде Самсалы бий тууралу берилген маалыматтар аркылуу баяныбызды улайлы. “...Самсалы атабыз өспүрүм курактан жигиттик куракка караган кези экен. Бир учурда көп кол куралып, Нарын, Ат-Башы бетиндеги Моңолдор, Черик элин бет алып жортуулга жөнөшөт. Эч ким колго кошул дебесе деле, бөрү тил кылып өзү жасап алган «найзасын» такымына кыстарып кошулат. Кол башчы анын жаштыгын эске алып, «Самсалы, сен али жашсың. Биз кыз ойнуна бараткан жерибиз жок. Башты канжыгалап, канды көөкөрлөп, өтө опурталдуу ишке баратабыз. Ат-көлүк аман-эсен келебизби же жокпу, бул тагдырдын иши, сен калгын» деп катардан кууп чыккан эсепте калтырып коёт. Анда Самсалы «Болуптур, бара бергиле. «Жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болуп» аман-эсен келгиле. Мен силерсиз эле кете берсем, жолумдуу тосуучу ким?» деп намыска жетеленип, өз бетинче кетет.

      Күндүзү сыртынан багып, байкаштырып жүрүп, түнкүсүн 15-20дай жылкыны алдына салып айдап алат. Бирок, жол билбегендик кылып, буктурмага кабылып, колго түшүп калат. Самсалыны айдап келип, бийдин колуна тапшырышат. Самсалынын ага-тууганы, эли-жери жөнүндө күндө сурак болот. Алардын максаты ага-туугандарына кабарлап, айып алууда болгон. Бирок, Самсалы чынын айтпай, чаргытып жооп берип жатып бир топ күн өтөт.

      Ошол айылда айры төштүн алдына жатпаган Төө балбан деген чоң балбан адам болуптур. Күндөрдүн биринде Төө балбан баягы Самсалыны байлап жаткан бийге келип:

      -- Бийим, бекер тамак коротпой жанагы ууру баланы бүгүн мага бериңиз, мен ага таш короо оңдотоюн,-- деп сурайт. Бий Самсалыны Төө балбанга учкаштырып берет да:

      --Балбаным, байкагын, этият бол. Мунун көзүндө оту бар көрүнөт,--деп эскертет. Мерчемдүү жерге жеткенде Төө балбан аттан түшүп, «сактыкка кордук жок» деп Самсалыны да түшүрүп, атты карматып коюп, өзү чепкенин желбегей жамынып, чоң түп чекендеге жая отуруп даарат ушатат. Самсалы учурдан пайдаланып, тизгинди аттын каржилигине байлай салып, чылбырдын туюк учун сыйыртмак жасап Төө балбандын мойнуна сала коюп муунтуп жыгып, эки тизе менен эки чыканакты жанчып, заңына келиштире булгап, чекендеге байлап таштап:

      --Кош бол, балбаным. Көргөн-билгениңди бийиңе айта бар. Мен кеттим,--деп Төө балбандын атына минип жолго түшкөн экен. Ал күнү Төө балбан үйүнө кайтпай калат. Эртеси издеп чыгышып, байланып жаткан жеринен таап алышат. Бул кабарды бийге айтышканда бий:

      --Жакшы гана болгон экен. Силердин балбаныңар төө болсо, ууру бала бөрү болчу. Анан төөнү бөрү жейт да,--деп жөн болуптур. Мына ушундан улам Самсалы «Сокур бөрү» деген атка конгон экен. Сокур дегени кашы өтө бийик болуп, көзүн жаап турчу экен. Качан гана назарын салып караганда кашы серпиле ачылып, көзү чөйчөктөй болуп кызарып көрүнгөндө ага тике карай алышчу эмес экен…

      ...Башка өзү теңдүү бий, болуштар эле эмес, оёзго чейинки бийлик төбөлдөрү Самсалынын сөзүн эки кылчу эмес экен. Ал киши жети өлчөп бир кескен, кара кылды как жарган өтө калыс адам болгону айтылат. Жыйындарда сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн акыл таразасына салып, унчукпай отура берип, эгер алар туура бүтүмгө келишсе, ошол унчукпаган боюнча аттанып кете берчү экен. Эгерде маселе татаалданып, туура бүтүм болбой, иши ак киши кара, иши кара киши акталып кете турган кырдаал түзүлгөндө гана козголуп, иштин ак-карасын, оң-тетирисин териштирип келип, бүтүм чыгарып коюучу экен. Ошол жыйындын билермандары -- «Болду, Баатыр айтты. Баатырдын бүтүмү бүтүм, бычымы бычым. Иш бүттү» -- деп ыраазычылык менен тарап кетишкен.

      Самсалы менен Канайдын мамилеси начарлап, арасы алыстап, ал тургай Канай карарып, Самсалы менен Казыбек айдалып кетээрде Койсойбос бий калыс туура адам болгондуктан уулу Канайды чакырып алып:-«Буканы кутурткан шаа мүйүзү» дегендей. сени кутуртуп жаткан Самсалынын айдыңы, сен Самсалынын аркасы менен кишисиң, ансыз сен суу кече албайсың. Эсиң барда этегиңди жап, кеч болуп кала электе жаман оюңдан кайт да, Самсалы менен Казыбекти алып кал»--деп өтүнүч кылган экен. Бирок, Канай өз оюнан кайткан эмес. Койсойбос бийдин ушунчалык күйгөндүгүнөн эле Самсалынын өтө аялуу, элге керектүү адам экендигин айгинелеп турат.

      … Самсалынын бир тууган инилеринин бири Иязбектин уулу Үрүс күндөрдүн биринде Самсалыныкына келип:-Сиздикине атайылап келдим, Сиз менин мүдөөмдү аткармайынча кетпеймин—дептир.

      -- Ии, ал кандай мүдөө?

      -- Мен аял алышым керек. Алганда да аяк бошотоор адамдардын кызы эмес, кадимки хан Жантайдын кызы болсун. Болгондо да нак өз денинен чыккан кыз болуш керек,--деп жооп бериптир. кыдык ичинде элге кадырлуу кудайбакты Ботоканды чакыртып, ага иштин чоо-жайын түшүндүрүп, Самсалы аны Жантайга жиберет.

      Ботокан келип Жантайдыкында сый көрүп отуруп, келген жөнүн айтат. Ошондо Жантай хан:

      -- Мен Сокур бөрүдөн кыз балам эмес, эркек баламды аябаймын. Бирок, менин өз денемден чыккан кызымды таанысаң ал, тааныбасаң кал Ботоканым,--деп көшөгөнү ачтырат. Көшөгөнүн ичинде бойго жетип калган үч кыз отурган экен. Ботокан көркыстоого эми түшөт. Кыздардын өңү-түсүн салыштырса, Жантайга окшошу деле байкалбайт. Ошентип Ботокан деңдароо болуп турганда ортодо отурган кыз чийдин сыныгын алат да, оттун жээгин көздөй чертип коёт. Мына ушундан улам Ботокан шек алып, тобокелге салып бел байлап туруп:

      -- Жантай баатыр, мен жаңылбасам, тээ ортодо отурган кыз сиздин кызыңыз болсо керек,--дейт. Ошондо Жантай:

      -- Баракелде Ботоканым, баамчылдыгыңа ыраазымын. Жаңылганың жок. Кудай буюрса Сокур бөрүнүн тилеги кабыл болду,--деген экен. Ошол замат Ботокан ордунан тура калып, койнундагы тай туяк жамбыны Жантайдын алдына коюп, кулдук урат. Ошентип алдыртан белги берген айлакер кыз биздин айтылуу чоң атабыз Үрүстүн байбичеси. Ал эми Жантайдан каалаган кара башыл кишини сурап алыштын өзү эле Самсалынын кадыр-баркынын ченемсиздиги эмеспи.

      Самсалы атабызды бүтүндөй бугу эли кадырлап сыйлаган экен. Кадимки Балбай баатыр казак элинен Уулжан деген кызды жактырып, куда түшүп баратканда Боронбай бийдин энеси, Меңмураттын байбичеси Данакан эне «Кыдыктын бийи Самсалыга кабар айт» деп тапшырып жатпайбы. Анан алдаяр Мойт аке, дөөлөс Сарт аке, саяк Жолболду, арык Олжобай, Санчы сынчы, Тилекмат элчи, Келдибек ырчы, Самсалы атабыз баштаган эл жакшылары Балбайдын кайнатасы Гайыпбергендин айылына кудага барышкан экен.

      Биз ата-бабалардын бирин көтөрө чалып мактап, биринин беделин төмөн түшүрөлү деген ойдон алыспыз. Биз сөз кылып жаткандардын бардыгы тең тээ илгертен бери ооздон-оозго айтылып, муундан-муунга өтүп келаткан сөз. Алардын кээ бир өтө аша чапма, туура эмес жагдайлары деле ошол кылымдын кыябына жараша болгондур. Кылымдын кыябы пенделерди кайда гана калчабаган. (М.Токсобаева. Торгой баатыр. 147-151-153-беттер).

      Самсалы бий Жалгап уулу XIX кылымдын орто чениндеги бугу элинин тарыхында бараандуу орду бар, жалгап уругун билгичтик менен башкарып, артында көөнөрбөс из калтырган көрүнүктүү инсан катары элдин эсинде калды.


                           ТҮМӨНБАЙ БОЛУШ ЖАНА БАЧИКИ ЭЖЕ                                                                                                           (Мазмунга)

      Кезегинде кыдыкта болуш болуп эл башкарган, жыландын тилин билип, табыпчылык өнөр менен алек болгон Түмөнбай тууралу элдик санжырада айтылып келет. Ошондой эле Сагымбаев Олжобай ал киши тууралу жазып кеткен айрым маалыматтар бар.

      Түмөнбайдын санжырадагы ата-теги:-түбү жакшылыктан болот. Жакшылыктын бир уулу Черикчиден Улак. Улактан Тарыхчы, андан Илепес. Ошол Илепестин бир уулу биз сөз кыла турган Түмөнбай. Эмесе, Түмөнбай тууралу эл ичинде айтылып жүргөн оозеки маалыматтардын айрымдарына токтололу.

      Илепестин биринчи аялынан Түмөнбай, Деркембай, Кудайырбек, Күрүчбек. Иниси Эшкожо каза болуп калганда анын жесирин Илепес алып, андан Түлөберди, Телтай жана Шертай деген уулдарды көрөт. Ошентип Илепестин эки аялынан жети уул төрөлүп, азыркы учурда булардын тукумдары “Тарыхчы уулу” деп аталышат.

      Илепес атабыз өз заманындагы беделдүү, аттуу-баштуу, акылга салып иш кылган кишилердин бири экен. Ошонусуна карата байлыгы жетиштүү, мал-жандуу да болуптур. Илепес Кашкар тараптагы чериктердин чириген байы Элчибектин жалгыз кызын Түмөнбайга алып берем деп сөйкө салып кудалашып, ал тургай калыңын да алдын-ала төлөп коёт. Кайын-журтунан макулдук болгондон кийин Түмөнбай күйөөлөп барып, колуктусун алып келүү үчүн жалгыз эле аттанып кеткен экен.

      Күйөө бала үчүн атайын өргөө тиктирип, кызмат кыла турган адамдарын дайындап, Элчибек күйөө баласын жакшылап кабыл алат. Түмөнбай элпектиги, акыл-эстүүлүгү менен кайын-журтка жагып, атайын тигилген өргөөдө колуктусу менен чогуу жашап калат.

      Элчибек байдын жалгыз кызынан башка баласы жок экен. “Тукум улаар эркек балам болсо деп” деп ак эткенден так этип зарлап жүргөндө күйөө бала болуп бардык жагынан төп келген Түмөнбайдын келип калышы Элчибек бай үчүн көктөн тилегени жерден табылгандай болду.

      Бирок, Түмөнбай кайын-журтунда биротоло калып калмак эмес, эртедир-кечтир колуктусун алып кетет эле. Ушуну эстегенде Элчибек бай өзүн коёрго жер таппай, кең дүйнөсү тарып кетчү болду. Күн өткөн сайын байдын айласы кетип, түрдүү айла-амалдарды издеп, акыры “Түмөнбай акылдуу, колунан баары келген, чанда бир кезикчү мыкты жигит экен, эптеп күн өткөрүп кармап жатып, кызымдын боюна бүтсө, күйөө баланын көзүн тазалап, андан төрөлгөн балага байлыгымды калтырсам” деген арам ойго келет. Элчибек байдын үйүндө Босток деген жалгыз бой кызматчысы болгон экен. Ал Түмөнбай келгенден бери ага жакын болуп, ымалалашып кетиптир.

      Элчибек бай ишенимдүү жигиттеринин бирин чакырып алып ,--“Жакынкы күндөрдүн биринде Түмөнбайды аңчылыкка алып барып, ошол жерден ок жаңылды кылып жайлап салгыла”—деп жашыруун тапшырма берип жатканын Босток угуп калып, байбичеге айтып келет. Элчибектин байбичеси Бостокко “Үч күлүк ат даярда, ошол аттар менен кызым, күйөө балам, сен үчөөң качып кеткиле.Антпесеңер Түмөнбайды өлтүрүп коё турган болушуптур”—деп табыштайт экен. Үчөө түн ичинде эч кимге көрүнбөй качып чыгып, таң агарып калган кезде түнт токойго келип токтошот. Түмөнбай менен колуктусун калтырып коюп, Босток жер чалып, куугун барбы же жокпу деп, 2-3 күн эки жакты байкап чыгып турат. Болжогондой эле куугун келип, аларды таппай кайра кеткенден кийин үчөө токойдон чыгып жол жүрүп отурушуп, аман-эсен Илепестин айылына келишкен экен. Илепес уулу менен кошо келген Бостокту өз баласындай кабыл алып, калың төлөп үйлөнтүп коёт. Бостокко энчилеп, мал-мүлктөн бөлүп берип, аны өзүнүн айылына түтүн кылып койгон экен. Ошентип, Босток өз уруусун айтпастан улак уулунун тукумдары менен биригип, Тарыхчынын балдары менен чыгымдаш, кызматташ болуп калыптыр. Ал көзү өткөнчө Түмөнбайга жан жолдош болуп, ага чын дилинен кызмат өтөп, терең ишенимге ээ болгон экен.

      Түмөнбай болуш болуп турганда Бостоктун жашы улгайып, кадырман карылардын катарын толуктап калган кези экен. күндөрдүн биринде чоң ат чабыш болот. Ат чабышка түшүүчү күлүктөрдү сүрөөгө мыкты аттарды, ишенимдүү жигиттерди тандай башташат. Босток дайыма мыкты ат минип жүрчү экен. Түмөнбай жигиттердин бирине: --“Бостоктун атын минип сүрөөнгө чык, ал киши улгайып калды, ат сүрөгөнгө жарабайт”—десе, анда Босток:

      --Бир кезде киши сүрөп жүрүүчү элем, эми ат сүрөөгө жарабай калган турбаймынбы,--дейт экен. Түмөнбай Бостоктун таамай айткан сөзүнө жыгылып:

      --Оолда, Бостокемдин сөзүнүн курчу ай! Сүрөй бериңиз Бостоке, сүрөй бериңиз,-- деп күлүп бастырып кеткен экен.

      Көрөөр күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнүп Бостоктун көзү жумулганда Түмөнбай зыйнатынын башында туруп, ак кепиндетип, аруу жуудуруп узатып, жыл маалы болгондо эл чакырып, ат чаптырып ашын берген дешет.

      Санжырага кайрылсак, Илепестин тукумдарынан бир нечеси кыдык элинде болуштукту башкарган дешет. Азыркы учурда деле тарыхчынын ичиндеги Агача уулунан таралгандарды “болуш уулу” дешет. Мында Агача байбиче Илепестин биринчи аялы, анын балдары Түмөнбай менен анын уулу Муса болуш башчылары болушкан. Булардан башка Илепестин Кудайырбегинин уулу Усуптун дагы Тоң өрөөнүндө кыдык уруусунун болушу болуп жүргөндүгү белгилүү. Ал кишини эл ичинде Кара Усуп деп аташкан. Ал 16 жашында болуш болуп шайланыптыр.

      Илепес бай уулдарын атактуу, тектүү жерден үйлөнтүп, кыздарын да ошондой жерлерге узаткан экен. Бугунун атактуу билерманы Бирназар бийдин асыранды уулу Бүрбүжалдын Турдубай, Сырдыбай деген эки уулу болгон экен. Көл өрөөнүндө өз мезгилинде эки атактуу бай болсо, бири Сырдыбай, экинчиси Солтонкул. Экөө тең Бирназар бийдин тукумдары. Ошол Сырдыбай бай калыңына көп мал айдатып, мол тартуу-тартмек менен келип Илепес байга куда түшүп, анын кызы Бачикиге сөйкө салган экен. Ошентип Бачики эжебиз Сырдыбай байдын уулу Байболотко турмушка чыгыптыр. Бачики эжебиз өңдүү-түстүү, сымбаты келишкен, акыл-эстүү, мүнөзү шайдоот, шартылдаган кайраттуу, иш билги аялзатынан болуптур. Тууган ичинде боло берүүчү тигиндей-мындай маселелерди эркектерден кем калбай эле жайгарып койчу экен. Үй-бүлөдө күйөөсүн кийлигиштирбей эле бардыгын өзү билген, абдан чечкиндүү зайып болуптур.

      Буга бир мисал: ошол кезде бүтүндөй көл элин бийлеп турган, эл ичинде “хан” аталган Чыныбай Тилекмат уулу Байболоттун кыздарынын бирин алуу үчүн жуучу жиберет. Ошондо Бачики эжебиз:--“Кызымды токолдукка бербеймин. Чыныбай өзү кул болсо, кулга токол болмок беле”—деп түз эле жообун берген экен. Чыныбай буга ызаланып, Байболоттун агасы Касаболот ажыны ортого салса да Бачики болбой коёт. Чыныбай эжесин көндүрөр деген ой менен Бачикинин иниси Түмөнбай болушка кайрылат. Түмөнбай атайы аттанып келип, эже-жездесиникине түшөт. Келген себебин айтканда Бачики эжебиз:--“Сен кыдыктын кыздарын бил, белек кыздарын өзү билет”,--деп инисин узатып койгон экен. Мына ушундан кийин эл арасында “Бачики байбиче Чыныбай ханды чанган” деген сөз айтылып калган.

      Бачики эжебиз тууралу элде дагы бир кеп айтылып жүрөт. Илгери Бачики эжебиз көп жылы эркек балалуу болбой жүргөн экен.Мунун себебин бир окуядан улам болгон окшойт деп өзү айтып калчу экен. Ал Сырдыбайга келин болуп келгенде кайнатасы ага өкүл ата кылып Зарыпбек султанды коёт экен. Бачики төркүлөп барганда өкүл атасы ага бир кичинекей баланы тартуулаганда аны албай койгон экен. Баладан баш тарткан соң, өкүл атасы Зарыпбек султан ага күмүш жамбы баш кылып, баалуу белектерди берип узатат. Кийин Бачики эжебиз эркек балалуу болбой жүргөндө “Жаштык кылып, өкүл атам берген баланы албай коюп кечиримсиз иш жасаптырмын” деп өкүнүп калчу экен.

      Удаа-удаа төрөлгөн кыздардан кийин Байболот менен Бачики эркек балалуу болушуп, атын Касымбек коюшат. Ошол уулу катуу сыркоолоп калыптыр. Бачики эжебиз 3-4 жашка чыгып калган бир кызын көтөрүп алып, үйдү үч жолу айланып, “Айланайын Жараткан! Касымбегимдин ордуна жаш десең ушул кызымды ал, кары десең өзүмдү ал” деп кудайга жалынып- жалбарып, салбырап туруп суранган экен. Арадан эки күн өтүп, уулу Касымбек төшөктөн баш көтөрүп, дагы бир аз күндөн кийин тай минип ойноп кеткен экен. Бир нече күндөн кийин баягы кызы ооруп чарчап калыптыр. Ошондо ыйлап турган байына: “Жараткан кудайга сөзүм эки болбойт, ыраазымын”-деп кызынын өлүмүнө анча кайгырган эмес экен. Бачики эжебиз Касымбектен кийин дагы Эркеназар, Токтоназар деген уулдарды көрүптүр.

      Илепес бай улгайып калган кезде уулу Түмөнбай менен жакын тууганы Сакенин ортосунда бир жагымсыз окуя болот. Бул экөө черикчиден тараган Сырымбет менен Улактын урпактары. Чатактын башы Түмөнбай менен Сакенин жер талашынан чыгып, ал ырбап отуруп, акыры Түмөнбай “маселени карап, Сакеден айып төлөтүп бергиле” деп бугу билермандарынын алдына сунуш коёт. Ыманбектин Сакеси топ маселесин карап жатканда айып төлөөдөн баш тартып:

      -Айып ала албасаң сен энеңди ал, айып төлөсөм мен энемди алайын,--деп Түмөнбайга жулунат. Ошентип бул чатак чечилбей калат. Топто отурган билермандар:

      --Саке эң эле кабаарып турат, ачуусу тараганча силер кете бергилечи, андан кийин сүйлөшөөрбүз -деп Түмөнбай тарапты узатып жиберишет. Бирок, Саке аларга удаа эле аттанып жигиттери менен Түмөнбайга жете келип, аны аттан оодарып түшүрүп. Жаманак деген жигитине:

      --Муузда Түмөнбайды, мен ошондо гана тогуз эмес, токсон айып болсо да төлөйм, --деп бакырган экен. Жаманак Сакеден чочулап, бирок, Түмөнбайды мууздай албай, макисинин сырты менен анын мурдунун кырын өйкөй баштаганда териси сыйрылып, кан чыгып кетет. Эки жигит колу-буттан алып басып жаткандыктан Түмөнбай каршылык көрсөтө албаптыр.

      --Мууздагандан корксоң мурдун кесип сал,--деп Саке дагы чамынат. Арыдан бери эл чогулуп келип, арачалап калышат. Эртеси бул окуяны уккан кыдыктын аттуу-баштуулары чогулуп,:

      --Ыманбектин калак баш Сакесинин көпкөнү өтүп кетти, аны чаап алып жинин какпасак болбойт,--деп жатышканда мында катышып отурган Алматай:

      --Силер жөн эле оолугуп жатасыңар,Илепес абышка тирүү турганда Сакени чаптырбайт. Андан көрө Илепес абышкага баралы, ал эмне дээр экен, ошону угалы,-дептир. Ошентип алар Түмөнбайдын айылына келишет, Илепес бай келгендердин саламын алик алып, алардын эмне иш менен келгенин айттырбай түшүнүп:

      --Ии, эмне бирөөнү чаап алчудай болуп дүрбөп калгансыңар?,--деп суроо узатканда:

      --Сакени чаап алалы деп жатабыз, Кудай-теңирин тааныбай көөп кетти. Түмөнбайга жулунуп, мурдун кестиргени эмне деген акмакчылык,--деп келгендер чуулдап жиберишти. Алардын чурулдагына маани бербей Илепес бай мыйыгынан жылмайып:

      --Урушса менин эки балам урушту. Мурун кескени да, кестиргени да мага бирдей эле бала. Эгер Саке мурда өлсө, аялын Түмөнбай алат, эгер Түмөнбай мурда өлсө, аялын Саке алат. Менин балдарымдын өз ара чыр-чатагы бар экен, аны өздөрү эле чечишип алышат, --деп келгендерди жакшылап сыйлап туруп узатып жиберген экен.

      Саке ажы ошондон кийин аябай уялып калыптыр, бир төөгө кымбат белек-бечкектерди жүктөтүп, энесин Илепестикине жөнөтөт. Ыманбектин байбичеси “Уулуңуздун аз айып, көп күнөөсү болсо кечириңиз”—деп Илепестикине келип түшөт.

      --Уулуңуз кетирген күнөөсү үчүн тартуу-тартмеги менен төө жетелетип, айыптын башы кыз бала болсун деп айыбын мойнуна алып турат. Берип жибергендерин сиздин алдыңызга алып келдим,--деген Ыманбектин байбичесине Илепес:

      --Жарыктык, бекер убара болгон турбайсызбы. Болоор-болбос боло берчү иш үчүн ушунча убара болосузбу. Балдар урушат, кайра табышат, айып төлөткүдөй мен душман белем,--деп чебеленип, дасторконун жайдырып, сый тамагын берип, кийит кийгизип, Сакенин энесин узаткан экен.

      --Айыптын башы кыз бала деген турбайбы, алчу кызды айыпка келген дедиртпей, ата салты менен кудалашып туруп келин кылып аламын,-деген экен Илепес. Чын эле кийин Илепес Борбу уулуна куда түшүп, алардын бир кызын Деркембай деген уулуна алып берген экен. Мына ушундай кийин Илепестин бийик адамкерчилигине, акылынын тереңдигине чындап көзү жеткен Саке ажы аябай ыраазы болуп, анын астынан кыя өтппөй. айтканын эки кылбай сыйлап калган экен.

      Элдин айтканына караганда Түмөнбай болуш токтоолугу, сабырдуулугу, көтөрүмдүүлүгү жана сыртына сыр билгизбеген ичимен тап бекемдиги менен башкалардан айырмаланган киши экен. Ал эл ичинде кадыр-барктуу төбөсү көрүнгөн инсан болгондуктан кыдык Тоңго көчүп келгенде Атакандын жанында жүрүп, ар бир урукка, ата уулдарына калыстык менен жер бөлүштүрүүгө катышкан. Болуш болуп шайланганга чейин бугу элиндеги уруктар ортосундагы орчундуу маселелерди чечүүгө жигердүү катышып, өз оюн түз айтып, баалуу сунуштарды киргизип турчу экен. Көп маселелердин туура жана калыстык менен чечилишинде анын да бараандуу салымы болгон.

      Түмөнбай болуш болуп турган кезинде бугу элин башкарып турган Балтабай (аны “хан” деп да аташкан) чоң жыйын өткөрүп, жыйынга Түмөнбай кечигип барат экен. Жыйын өтүп жаткан үйгө кирээри менен эле Балтабай “сен эмне кечигип келесиң” деп опурулуп-жапырылып урушуп кирет. Балтабайдын бул аракети оңойлук менен токтобосуна алдын-ала көзү жеткен Түмөнбай:

      --Балтабай ханым, эмне эле мынчалык көбүртүп-жабыртып урушасыз? Анчалык эле эмне болуп кетиптир? Эгерде урушайын деп чакыртсаңыз, уруша бериңиз. Жок, башка бир маанилүү иш менен чакыртсаңыз урушпай эле айтыңыз. Чече турган маселеңиз болсо, ийри отуруп, түз кеңешип чечпейлиби. Урушуп-чабышып жүрүп эмне таптык, айта турган сөзүңүздү урушпай эле айтыңыз,--деп Балтабайга жазганбай туруп түз айткан экен. Ошондо жыйынга катышып отурган айтылуу Садыр аке:

      --Илепестин кара суру ичине каткан алтындай акылын чанда гана сыртка чыгарат, айткан сөзүнүн баары туура. Биз эмне урушалы деп жыйынга келдик беле Биз жай отуруп, акыл калчап, маселе чечели деп келгенбиз. Бүгүн барыбыз эс алып, ачуу кыйкырыктарды жыйыштырып коюп, жыйынды эртең өткөрөлү,--деп чогулган элди таратып жиберген экен. Эми, Түмөнбай болуштун токтоолугу, сабырдуулугу жана бекемдиги тууралу эл арасында айтылган бир жагдайга токтололу.

      Түмөнбай болуштун Түлөкө, Деркембай жана Мусажан деген үч уулу болгон. Түлөкө жашынан тың чыгып, эл аралап, оозго алынып, төбөсү көрүнүп калган кезде кайтыш болуп калат. Ошол учурда Түмөнбай болуш уезддин чакыруусу менен Каракол шаарында жүргөн болот. Түлөкө кайтыш болду деген кабар Караколго жетип, ал жердеги аттуу-баштуулар уезддик канцелярияга чогулуп келишип, Түмөнбайга уулунун өлгөнүн угузушат. Түмөнбай өзүнүн бекемдигине салып, көзүнө жаш алып койбоптур. Караколдон чыккандан Тоңго келгенге чейин бир калыпта өзүн сабырдуу, токтоо кармап, бир ооз үн чыгарып сүйлөбөй, ичимден тап тымпыймасын карматып, жол бою заара ушатпай жүрүп отурат экен. Качан гана Кекиликтин суусун кечип өткөндөн кийин Корумдудагы конушуна чейин үнүн баспай өкүрүп келип, сөөк жаткан үйгө түшүптүр.

      Түмөнбайдын жыландар менен сүйлөшө билген таң калыштуу сыйкырчылык да, дарымчылык да өнөрү болгондугу тууралу эл ичинде ар түрдүү сөздөр айтылып келет. Ал мындай татаал өнөрдү Кашкар тарапта жүрүп, бир калмак кемпирден үйрөнгөн экен. өзүнүн башка адамдарда жок сыйкырдуу касиетке ээ өнөрүн балдарына же, жакын туугандарына үйрөтпөй кетиптир. Бул өнөр кадыресе эле адамдарда болуучу өнөр эмес, өтө сейрек кездешүүчү, чанда бир адамдарга гана Кудай таала тарабынан ыйгарылуучу сыйкырдуу жана сырдуу өнөр болгондуктан, аны андан ары аркалап, улантып кете турган,токтоо, сабырдуу адамды таба албагандыктан, Түмөнбай бул өнөрүн башкаларга калтырууну эп көрбөптүр. Анын үстүнө, адамдар бул өнөрдү жакшылыкка багыттап, ак ниет максаттарга колдонбостон, кара ниеттик менен пайдаланып коюп, башкаларга зыян кылып коёт деп чочулаган окшойт. Ошентсе да, кыдык болгон жеринде жаш болсо да өзүнүн жакшы сапаттары менен бир гана жалгап Казыбектин Осмону Түмөнбайдын купулуна толгон окшойт, ошого өнөрүн үйрөткөн экен.

      Түмөнбай кайтыш болгондо сөөгү Тоңдун Корумдусундагы көрүстөнгө коюлуптур. Жайы абдан кенен жана жайлуу, сөөк алып кирген адамдар эркин басып тургандай казылыптыр. Топурак салууга келген адамдар өтө арбын болуптур. Отурган элдин аяк-башы, чеке-бели кеңири болгондуктан, эт тарткан жигиттер жөө баспай, табактарды ат менен алып келип тартышкан экен деп эл арасында айтылып келет.


                           ТАЙЛАК УУЛУ ТУУРАЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Жаанбай атабыздын экинчи аялы айтылуу Суксур (Саалыбүбү) энеден Элчибек, Жоруп, Мурат деген үч уул төрөлгөн. Жоруп атадан Жанбала, Жоошбай, Сейталы деген уулдар болгон. Ал эми Сейталы атабыз Бекбо, Шадыбек, Төлөгөн, Балбак, Тайлак деген беш уулдун атасы болгон экен. Сейталы уулу Тайлак 4 аял алган киши экен. Ошол 4 аялдан Тайлак атанын уулдары тууралу мындан аркы баяныбызды Максат ажы Асанбек уулунун кол жазма маалыматтары менен улайлы. Эмесе, сөз Тайлак уулу Субан жөнүндө болсун. Ал тууралду урпактан урпакка, ооздон оозго санжыра болуп айтылып келаткан маалыматтар бар.

      Субан төрөлгөндө эле салмагы чоң, көлөмдүү балканактай бала болуп жарык дүйнөгө келиптир. Ал келишимдүү, олбурлуу, күчтүү жана балбан билек жигит болуп бойго жетиптир. Анын көп адамда кездеше бербеген балбандыгы менен күчтүүлүгүнө байланыштуу окуялар эл оозунда айтылып жүрөт. Бир жолу айылдагы эл сазга тыгылып калган өгүздү чыгара албай абдан убара тартып жаткан болот. Ошол жерден өтүп бараткан жаш Субан:--“мен азыр өгүздү саздан алып чыгам”,--деп ишенимдүү айтат. Субан анда 17-18 жаш чамасында күчкө толуп турган кези экен. Эл жарданып карап турат. Өзү жалгыз обочо жаткан эки чоң ташты көтөрүп келип, эки жерге коюптур. Өзү сазга кирип кетпес үчүн ошол эки ташты эки буту менен таканчыктап катуу тээп туруп, бир колу менен өгүздүн мүйүзүнөн, экинчи колу менен куйругунан кармап туруп, бир катуу силкүү менен тартып чыккан дешет. Бутунда кийип турган өтүгүнүн таманы таштын бетинде жабышып калыптыр. Ушул окуяга күбө болгон эл жаш жигиттин каруу-күчүнө таң калышып, “Билегиңе баракелде! Күчүңө күч кошулсун” деп бата берип, баралыңа келгенде алп адам болоорсуң деп тилек кылышып тарап кетишкен.

      Бул окуядан көп өтпөй эле бир байдын ашы болот экен. Мындайда эки жактан эл чакырылып, ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш сыяктуу улуттук оюндар уюштурулуп, мелдештер өткөрүлөөрү турган иш эле да. Ошол ашта далай жолу эр сайышка түшүп, эзели жеңилип көрбөгөн баатыр саяк уруусу тараптан эрөөлгө чыгып, ага каршы чыкканга эч ким даабай коёт экен. Ошондо 18ге жаңы илинген Субан “Суксур элинен мен чыгам” деп аттанат экен. Карап тургандардын ичинде суксурлар да бар экен, алар Субанды чыгарбастын амалы кылып, “Кой, кереги жок, сени тиги саяк баатыр өлтүрүп салат, өзүң жаш бала болсоң” деген сөздөрдү айтышат. Анда Субан:--“Элдин намысын эр коргойт, кыдыктан эч ким чыккан жок деп сөзгө калганча өлгөнүм артык эмеспи. Маңдайга жазганды көрөрмүн, ажалым саяктан болсо өлөрмүн”.—деп эки багелегин күбүнүп, эки жеңин түрүнүп, топ ичинен суурулуп чыга келиптир. “Эр сайышка түшөм деп баканды кармап колуна, Субакем чыккан экен саяктын жолуна”- деп карыялар айтышчу экен.

      Эр сайышта Субан жеңишке ээ болуптур Ошол эрдигинен кийин Субан дагы далай эрөөлдөрго чыгып, бир жолу жеңилбептир Бир туугандары:

      “ Сен эр сайышка түшкөндө балбанды эле жыкпастан, атты кошо жыгасың, мунун сыры эмнеде”?-- деп сурашканда:

      --Анын өзүнчө сыры бар. Мен ат үстүндө чаап келатып, каршымда келаткан аттын тизгинин мээлеп туруп бакандын учуна илип алам, анан барып ат үстүндөгү адамды кошо уруп салам, ошондо аты кошо жыгылат,-- деп жооп берген экен.

      Субанды жеңелери “алп уул” деп тергешкен. “Алп уул” келип калса терибизди ийлетип алалы дешип, уй-топоздун терилерин даярдап турушчу дейт. Субан келип ал терилерди колу менен ары-бери чойгулап тартып, алеки заматта эле жумшартып, ийлеп койчу тура.

      Улуу үркүндүн убагында качып бараткан эл Бикиртик деген ашуунун белинен аша албай туруп калышат. Анткени, ошол жердеги көк жалтаң муздун үстүндө абдан чоң көк жал карышкыр жаткан экен. Эл коркуп, артка качып, эмне кылаар айласын таппай туруп калышат. Ошондо Субан аттын үзөңгү боолугун чечип алып, өзү жалгыз көк жалга тике карап жалтанбай жөнөптүр. Маңдайында келаткан кишини көргөн карышкыр атырылып качыра бергенде, Субан өтө шамдагайлык менен карышкырдын маңдайын жара чапкан экен. Ошентип, Субан коркунучтуу көк жалды өлтүрүп, элди ашуудан аман-эсен алып өтүптүр.

      Бир туугандарынын айтуцусу боюнча Субан бир нерсеге ачуусу келгенде ага баары жабалактап, тогузу тогуз жактан чыгып, “бир ачууңду бизге бер” деп жармашса да, аларды камгактай кылып жеңил эле ары жак, бери жакка алып койчу экен. Бирөө менен күрөшкө түшкөндө Субан кармап койгон жерлери көпкө чейин көгөрүп, ыйлаакча болуп жүрүп, далайда барып айыкчу дешет.

      Эң өкүнүчтүүсү Субандан тукум калган эмес, өзүнө окшогон баатыр уул төрөлүп, артында изин улаар туяк болсо жакшы болбойт беле, атаганат! Анын өлүмү тууралу эл арасында көз тийгенден каза болгон деп айтылат. Элдин намысын коргогон, элдин камын ойлогон, эр-азамат Субан оңдүү балбан билек, эр көкүрөк жигиттер кыргыз элинде көп төрөлсө деген тилек менен Тайлак уулу Субан тууралу баяныбызды аяктагыбыз келип турат.

      Тайлактын дагы бир уулу Жамгырчы абдан сөзмөр, акылдуу, бардык нерсени байкай алган баамчыл, кыраакы жана колу ачык, берешен адам болгон экен. Ал өз мезгилинде ажылык парзын аткарып келген, шарыяттын шартына ылайык жашаган чыныгы мусулман болгондуктан, элдин баары аны ажыке деп кадырлап, сыйлашкан. Ал сүйлөп жатканда улуу-кичүү дебей текши угуп, “тынч отургулачы, ажыкем сүйлөп жатат”—деп муюп, кунт коюп тыңшап калышчу дешет. Уруу ичинде ар кандай маселелер жаралып, суроолор туулганда Жамгырчы дайыма өз оюн так жана таасын айтып, калыс пикирин билдирип, кеп-кеңешин айтып турган. Анын калыс жүргөн адам экенин убагындагы улуу муундун өкүлдөрү көп айтыпп жүрүшчү экен. Анткени, улуу агаларынын аялдары тууган ичинде бир чатак чыкса, анын кичүү экенине карабастан, “уулдун үйүнө баралы, калыс сөзүн айтсын” дешип, Жамгырчыга келишчү экен.

      Жамгырчы ата эки аял алыптыр. Биринчи аялы бапа уруусунун кызы Мырзакан, экинчи аялы алдаке уруусунун кызы Батмакан болгон. Батмакан энебиз тамак-ашын абдан кенен кармаган, жайыл дасторкон зайып экен. Ак жүздүү сулуу аял болгондуктан, улуулар аны “Ак Батма” деп атаса, кичүүлөр ага ажынын аялы болгондуктан “Ажы апа” деп кайрылышкан.

      Жамгырчы атанын мусулманчылыктагы беш парзды тең аткарган такыба жана диндар адам экенин анын ошол мезгилде азыркыдай унаанын жотугуна карабастан, бирде төө минип, бирде жөө жүрүп, ажылык сапарга барып келгени айгинелеп турат. Батмакан эненин колунан ичкен берекелүү тамак-ашты ошол кездеги Адылбай, Байзак, Мусан аттуу жылкычылар ооздорунан түшүрбөй айтып жүрүшчү эле дешет. Жамгырчы атанын үйүндө өздөрү эмне тамак ичип-жешсе аны эл менен бөлүшүп жегенди жакшы көргөн кишилер экен. Ошондуктан аныкында дасторкон дайыма жайылып турчу экен. Эгерде Жамгырчы ата өз үй-бүлөсү үчүн бир кой сойдурса, койду союп берген малчысына да кой берчү дешет. Айрым байлар кой сойдурса, кой союп берген жигитке өздөрү жегиси келбеген ичеги-карын, баш-шыйракты кол кесерге бери коюшуп, аттуу-баштуу усуткандарды жиликтетип алып калышчу тура.

      Ал эми, Жамгырчы ата кечкисин айыл четине чыгып, боз үйлөрдөн чыккан түтүндү карап, кайсы боз үйдөн түтүн чыкпай калса, "бул үйдүн тамак-ашы жок калган окшойт" деп эт-аштан кайрылып берип турганды жакшы көргөн. Анын колунда жок кембагал адамдарга кылган мамилеси кайрымдуулуктун, боорукерликтин белгиси болгону көрүнүп турат.

      Жамгырчы өз мезгилинин билимге умтулган адамы болгон. Ал Чоробай деген агасынын Эген, Эгемберди деген эки уулун Кашкардагы медреседен окуткан. Ал балдарды алгачкы жолу айылдагы Өкөмбай (Нурдөөлөт) дамбылда окутат. Шакирттеринин зээндүү экендигин баамдап, байкаган Өкөмбай алардын билимин жогорулатып, өзү мурда окуп келген Кашкардагы медресеге жиберүнү сунуш кылат. Өкөмбайдын сунушуна макул болгон Жамгырчы агасынын эки баласын мурда Кашкардан билим алып келген жакын тууганы Токсоба уулу Көлбай молдого кошуп берип, дин илимин алсын деген максатта Кашкарга жөнөтөт. Кашкардагы медреседе окуунун баасы ошол мезгилде бир бала үчүн жылына 7 торпоктун баасына барабар болгондуктан, Жамгырчы эки баланын окуусу үчүн 14 торпок берип турган экен.

      Жамгырчы ата өзүнүн балдарын да атайын боз үй тиктирип, кудайбакты уруусунан чыккан Токтобай молдодон окуткан. Ошондуктан Мырзакан энеден төрөлгөн кыздары Саалай, Бөдүй, Бөтөнөй жана уулу Сүйүндүк, Батмакан энеден төрөлгөн уулдары Ашым, Илияз жана кызы Мурапы араб арибинде окуп жана жазганды билген сабаттуу адамдар болушкан.

      Жамгырчы ата саяк кудайманде уруусунан чыккан Нур аттуу молдонун Батмуса деген дамбылда уулу менен достук мамиле күткөн. Батмуса дамбылда Жамгырчынын үйүнө тез-тез каттап, конок болуп кетип турган. Ал бир күнү Жамгырчыга:--“Сенин ажылыкка барганга малыңдын эсеби жетип калды. Мусулманчылыкта байлыгы туура келген, ден соолугу таза адам ажылык сапарга чыгышы керек”-дейт экен. Анын айтканын туура көргөн Жамгырчы ата Барскондогу бапа уруусунан кишилер кошулуп ажылык сапарга жөнөп калышат. (Алардын саны канча болгондугу тууралу так маалымат жок). Ажылыкка аттанганда Жамгырчы жети төөгө жүк арттырып, күлазык даярдатып, алмаштырып мингенге эки жараган атты алып кеткен деп айтылат. Ошол кеткен бойдон элдин айтуусунда айрымдары жети айдан кийин келген десе, айрымдары он бир айдан кийин өңүнөн азып, арыктап, баягы күч улоонун бири жок өзү эле келген деп айтышат.

      Жамгырчы ажыга барганын, жолдон көргөн-билгендерин элге кызыктуу кылып айтып бериптир. Ал ыйык Каабанын ташы тууралу айтып жатып, көзүнө жаш алып,”ошол таштын жанында мүрт кетсем жакшы болмок” деп айткан экен. Ал мунусу менен динге бекемдигин, акырет сапарга даяр экендигин билдирген. Канча жол азабын тартып, кыйынчылык көрсө дагы Каабага жеткенине жүрөгү жарыла сүйүнүп, муун-жүүнү бошоп, өзүнүн урпактары, тууган-туушкандары үчүн алакан жайып дуба кылгандыгын, бала-бакыра, болочок небере-чөбөрөлөр үчүн дагы Аллах тааладан ыйман тилеп суранганын айтып берген экен. Ал ажыга барган сапары тууралу мындлай деп эскерчү экен:

      --Ат менен көп жолду арбытабыз дсек, ат деген бул эле жердик экен, төө жакшы чыдамдуу жаныбар тура. Көп жерде, өзгөчө чөл болгон жерлерде төө минип жүрдүк. Жолдон Кызыл деңизди көрдүк, чын эле кызарып турат экен. Аябагандай чоң кемелер болот тура. Ошондой кемеге төөлөрүбүз менен түштүк”. –Жамгырчы ата ушинтип айтып бери жатканда “кантип эле ошондой болсун, кишини да, төөнү да кеме батырат бекен?”—деп ишенбей кайра-кайра суроо бергендер да болуптур. Андан ары Жамгырчы ата:

      --“Бөдүй” деген элди көрдүк (арабдардын көчмөн бедуиндери жөнүндө айтылып жатат) ал элдин өнөрү укмуш тура. Биз деңизге тыйын ыргытсак, чумкуп кирип, ошол тыйынды таап оозуна тиштеп алып чыгып бизге көрсөтүп жатышты. Киши менен ойногон чоң балыктарды көрдүк (сөз дельфиндер жөнүндө болуп жатат).Айрым адамдар караңгы, сабатсыз болгондуктан Жамгырчынын айткандарын угуп жатып, аны жомок сыяктуу ойлоп Меккеге жетпей эле, балким орто жолдон эле келгендир деп ишенээр-ишенбесин билбей турушчу дейт.

      Бирок, жогоруда айтылгандай Жамгырчы атанын ажылык сапары жөнүндө айтап бергендери анын чын эле Кызыл деңиз аркылуу өткөнүн, арабдын бедуин деген элин көргөнүн, Каабаны сүрөттөп айтып бергени демек, анын Меккеге чейин барганын тастыктап турат. Жамгырчы атанын бир кызынын ысымы Бөдүй болгон, балким, ошол бедуиндин урматына кызына ошол ысымды берген чыгаар.

      Ажылыктан кайтканда белине байланып келген жибек арканды чечип --“Мен ушул арканды зам-зам суусуна чылагам, казанга суу куюп арканды кайнатып, анан элге ошол суудан ооз тийгизели”,- деп Батмакан эне экөө касиеттүү зам-зам суусу катары элге текши ооз тийгизишкен экен.

      Жамгырчы ата жолдо келе жатып Персиядан ала келген килем бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Ал килемди тун уулу Ашымга белек кылып берген экен. Өз кезегинде Ашым белекти өзүнүн уулу Асанбекке өткөрүп, баалуу буюмду анын балдары сактап жүрүшөт.

      Жамгырчы Тайлак уулу үркүндөн кайтып келгенден кийин каза болуп, сөөгү Көндөйдүн Мамай дөбөлөрүнүн этегиндеги көрүстөнгө коюлган. Бул жер азыркы Темир-Канат айылынан Жер-үй айылына бараткан жолдун оң жагында жайгашкан.

      Эл отурукташып, колхоздор түзүлүп жаткан XX кылымдын 30-жылдарынын баш ченинде Жамгырчы атадан калган 700дөн ашык коюн, уй, жылкыларын, боз үйүн жана күмүш ээр-токумдарын, ат – жабдыктарын ортого деп алып кетишкен. Батмакан эне комиссия келгенге чейин 13 төөнү элге таратып бергенге үлгүргөн экен.

      Тайлак бабабыздын Жамгырчыдан кийинки көргөн тогузунчу уулу Кытан болгон. Жамгырчы менен Кытан удаалаш болгондуктанбы айтор, бири-бири менен өтө ынтымактуу мамиледе болушкан. Жалпы Жоруп урпактарынын ичинен мал-жандуу бай жашаган Жамгырчы менен Кытан болуптур. Эки бир тууган Көк-Жайык, Сары-Күңгөй жайлоолорун жайлап, кышкысын Көңдөйдүн күңгөй бетинде малын төлдөтүшкөн. Кытан саяктын алагөз-каба уруусунун билерманы Баатыркан Райымбек уулу менен достук мамиледе болгон. Кээ бир жылдарда өзүнүн малын Ала-Баш өрөөнүнө алып барып, Баатыркан ажы менен биргелешип төлдөткөн учурлары болгон экен.

      Кыдык ичинде эле эмес, жалпы бугуга таанымал дубандык жыйындар менен курултайларды билгичтик менен башкарып жүргөн Обонбай Байгозу уулу жана башкалар менен чогуу Кытан Тайлак уулу да бугу ичиндеги топ жыйындарга суксур элинин атынан барып катышып турган. Айтылуу Ысагалы эки жакка аттанганда, сөзсүз Обонбай менен Кытанды алдырчу экен. Бир жолу жыйындардын бирине суксурлардын атынан Кытан менен Супатай уулу Жайнак барып катышкан экен. Ошол жыйынга баргандыгы тууралу Кытан атанын мындай деп эскергени эл оозунда айтылып жүрөт:--“Биз, Жайнак экөөбүз үйгө киргенде чоң ак өргөөнүн эки капшытындагы жыгач керебетте - бирөөндө сан жылкылуу Сарыбай, экинчисинде Садыр аке жатышкан экен. Ысагалы бизден кийин келди. Бирок, ал бизге сый көрсөтүп, бизден өйдө өтүп барган жок, бизден кийин көчүк басты.Ар уруудан чогулган эл болуп жаткан көйгөйлөрдү ортого салып, ар кандай маселеге жооп издеп далай масилет болду”. Ошондо Кытан атабыз өз оюн ортого ачык салып, болгонун болгондой айтып, өз уруусунун кызыкчылыгы үчүн эле эмес, жалпы бугунун кызыкчылыгы үчүн күйүп-бышып, туура жана айкын чечимдердин кабыл алынышына өз салымын кошуп жүргөн инсан болгон.

      Эл оозунда Кытан менен Ысагалынын абдан сый, достук мамиледеги кадыркеч инсандар болгондугу көп айтылып жүрөт. Ысагалы өз мезгилинде жалпы кыдык болгон жеринде ар кандай деңгээлдеги маселелерди чечкен, айланасына жигиттердин тобун кураган өтө кадыр-барктуу инсан экендиги көлдүн күңгөй-тескейи эле эмес, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал, Кемин, Чүйгө чейинки элге кеңири маалым болгон. Кытан ата Ысагалыны айрыкча урматтоо менен атынан айтпай дайыма Ысакжан деп атап кайрылчу экен.

      Каракол шаарында Ысагалынын Сокур дөө деген досу болгон. Ал өтө чоң киши болгондуктан эл аны ушундай деп атап коюптур. “Сокур дөө” кудукка бозо ачытып ичкен киши экен. Дасторкон жайдырып бизге урмат-сый көрсөттү деп Кытан атанын эскергени бар. Андан барып Кытан, Жайнак, Ысагалы үчөө Ташмат деген чоң соодагердикинде конок болушат. Дасторкондогу дүйүм тамак, жер-жемиштерди көрүп Кытан ата:”--Ушундай жер-жемишти биздин Жер-Үйгө өстүрсө болот болду бекен, ушундай дасторкон биздин элибизде да болоор күн келсе экен”,--деп тилек кылган дешет.

      Эл арасында Кытанга байланыштуу дагы бир окуя айтылып жүрөт. Кайсы бир жылы суксур эли тогуздап айыпка жыгылып калган экен. Ошого байланыштуу маселени чечүүгө келген Ысагалы салынган айыпты тиешелүү тарапка төлөөнү талап кылат. Ошондо Кытан ата чогулган элдин ортосуна чыгып: --“Ээй, Ысакжан, мен сени кара кулак шер дечү элем, кадырды биле турган эр дечү элем”,--деп эки эле ооз сөз айтканда Ысагалы унчукпай кундан кечип кетип калган дешет. Ошентип Кытан ата кыйналып турган элди айып төлөөдөн куткарып калыптыр.

      Ысагалы абдан зобололуу адам болгондуктан ага эч ким батынып сөз айта алчу эмес тура.Ысагалынын атасынын бээ минип жүргөнүн көрүп,--“ Э Ысакжан, өзүң кадыр-барктуу адамсың, эл аралап жүрөсүң, атаңа бээ мингизип койгонуң эмнең?”—деп сөзгө жыккан дешет.

      Суксур ичинде “ким айтты?” дегенде, “Кытан айтты”-десе, “Кытан айтса, анын айтканы туура”-дешип, эл-журтка сөзү өткөн, эл сыйлап, эл кадырлаган, уруу ичинде, тууган-туушкандын ичинде өзүнүн салмагы, орду бар адам болгон. Кытан атанын үйүн “Чоң үй” деп аташып, ар уруудан мейман келсе, ошол үйдө тосуп, ошол үйдөн узатылган. Ушул күнгө чейин айылдагы ак элечек байбичелер Кытан атанын үйүн “Чоң үй” деп тергешет.

      Кытан ата бир туугандарына өтө камкор мамиле кылган экен. Алдаш деген бир тууганынын эки бирдей уулу Эликбай менен Куланбай кара тумоодон каза болуп калып, жалгыз эле Сакабай деген кызы калган экен. Сакабай тубаса майып, бир буту экинчи бутунан кыска болуп төрөлөт. Өңү да серт болгондуктан, ага эч ким жуучу түшпөй, кыргызда айтылгандай кара далы болуп отуруп калган экен. Кытан ата Сакабайдын тагдырына абдан кейип жүрчү экен. Бир күнү Кытан адаттагыдай эле Ысагалыныкына келет. Ысагалы ошол кезде Кулгунанын тескейинде отурган болот. Сыртта шайдоот кыймылдап, ары-бери жумуш бүтүрүп жүргөн бейтааныш кызматчы жигитке көзү түшкөн Кытан:

      -Ысакжан, мен сенден бирдеме сурасам бересиңби?-дейт. Ысагалы ойлонуп туруп:

      -Эгер мен бере ала тургандай болсом, берейин. Айт”-дейт. Кытан анда:

      -Жок, сен берем десең айтам, бере албасаң айтпай эле коёюн-дептир. Ысагалы Кытанды абдан кадырлагандыктан:

      -Эч нерсе сурачу эмес элең, сурап калыпсың. Болуптур, берейин – деп макул болот. Ошондо Кытан:

      -Мага тээтиги кызматчы жигитиңди берсең болот эле, – деп сураган экен. Ысагалы досунун өтүнүчүн эки кылбай жанагы жигитти кошуп берип, Кытанды узатып койгон экен. Бул жигиттин аты Турусбек экен, насили саяктын Курманкожо-Кулжыгач элинен болуп, кандайдыр бир себептер менен Ысагалынын үйүн байырлап жүрүптүр. Кытан ал жигиттин башына эмне кырсык түшүп, бул жерде жүргөнүн деле сурабаптыр. Эч нерсе болбогондой эле жигитти үйүнө алып келип, байбичелери Калый менен Айшага кеңешип туруп, Турусбекке арнап боз үй көтөртүп берет. Турусбекке Сакабайды алып берип, никесин кыйдырат, аларга тийешелүү энчисин бөлүп берет. Кытан “Сакабайдын өңү серт болгону менен, ички дүйнөсү сулуу кыз. Сага жакшы жар болуп берет”,-деп Турусбекке көп айтчу экен. Кытан атанын тилеги кабыл болуп, Турусбек менен Сакабай бактылуу жашап, бала-бакыралуу болушкан экен.

      Кытан ата мүнөзү өкүм, айткан сөзүнө бекем турган, намыскөй адам болгон. Беш убак намазын окуган, бош боло калганда эле намаз окуй баштачу экен. “Кечке эле намаз окуй бересизби?” – дегендерге, “Мурунку казаларымды окуп жатам. Намазды балакатка толгон кезден баштап окуш керек турбайбы. Мен окубай калган намаздарымдын казасын толтуруп , окуп жатам”,-деп жооп берип, көп убактысын намазга бөлчү экен.

      Кудайбакты уруусунан чыккан Ырсалы сопу Тойгонбай уулу менен Кытан ата теңтуш жүргөн, азилдешип сүйлөшкөн адамдардан экен.

      Күндөрдүн биринде экөө тамашалашып, өткөн-кеткенден кеп козгоп отурушуп, “Кимибиз кайсы күнү өлөт болдук экен?”-деп сөз талаша кетишет. Ырсалы айтат:

      -Мен бейшемби күнү өлүп, жума күнү коюлам. Анда Кытан айтат:

      -Сен деген даана кара шаршембиде каза болосуң. Мен бейшембиде өлүп, жума күнү коюлам.

      Ошондон көп өтпөй, Ырсалы сопу чын эле бейшембиде каза болуп, жума күнү жерге берилет. Элдин айтымында Кытан ата Ырсалыны тамашалап: “Кара шаршембиде өлөсүң”-деп айтканына абдан өкүнүп калган экен. “Кимдин кайсы күнү кантип көз жумаарын жараткан өзү гана билет. Тамаша сүйлөйм деп, пендечилик кылып, орунсуз айтып алган экемин, эми мен өзүм кара шаршембиде өлбөсөм экен. “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” деп ата-баба бекер айткан эмес тура”-деп көпкө кайгырып, жараткандан жакшы өлүм тилеп жүрчү дешет. Кытан ата дагы кудай сүйгөн пенде экен, өзү тилегендей бейшемби күнү каза болуп, жума күнү жерге берилиптир. 90 жашка чукул жашап, 1960-жылы кайтыш болгон. Сөөгү Жер-Үй айылындагы кабырстанга коюлган.


                           СЕЛИМ АТА ТУКУМДАРЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Кыдык бабабыздын Жаамбай деген уулунун сегиз баласынын бири-Бейиш. Бейиштин Ырыскулу, Көкүм, Чорон деген үч уулу болгон. Ырыскулунун Ажыбек деген уулунан Такен, Табатай, Эрдене, Болчур жана Селим деген беш ата тукум тарайт. Мына ушулардын ичинен Селим уулу тууралуу айрым маалыматтарга токтололу. Бул маалыматтарды 1932-жылы туулган, Тоң районунун ардактуу атуулу, Совет мезгилиндеги бир катар өкмөттүк жогорку сыйлыктардын ээси, эмгек ардагери Байтуров Токтакун карыя айтып берди эле.

      Селим атанын Сүттикен деген касиеттүү байбичеси бар экен. Бул эненин Сүттикен деп аталып калышынын себеби, энебиз бала эмизип жатканда колунун манжаларынан сүт чыккансып, тырмак учтары агарып, сүт баш багып калчу экен. Селим ата ушул Сүттикен байбичеден Ормон, Жанай, Күү, Жабал, Ботбай, Сасы, Чымыр жана Кубат деген сегиз уулду көрөт. Селим ата узун бойлуу, кабагы бийик, калың каштуу киши экен. Ал малды кыйын семиртет деп жайкысын дайыма Жаман-Эчкинин Кызыл-Белин жайлап, “Кызыл-Белдин чөбү көп түрдүү, башы тулаң, капталы каз таңдай, этеги жөргөмүш, арык малды бат эле көтөрөт”-деп айтчу экен. Эл жайлоого көчүп жаткан маалда Селим ата ноокастап калыптыр. Бирок, ошого карабай “малды жайлоодон калтырбагыла”-деп уулдарын текши көчүрүп, ал күнү Тосорду ашырып, Үч-Эмчекке кондурган экен. Эртеси балдары жүктөрүн жүктөбөйт. Муну көргөн Селим ата:

      -Эмнеге жүктөбөй жатасыңар?-десе, балдары:

      -Жолдо кыйналып каласыз го, ата. Бүгүнчө өргүй туралы –дешиптир. Ошондо Селим ата:

      -Ай, антпей эле көчкүлө. Ат жалы жеңил эмеспи-деп болбой жатып, жүктөрдү жүктөтүп, көч жолун улантыптыр. Ооруп келаткан Селим анысын билгизбөөгө аракет кылып, ат үстүндө келе берген экен. Калчанын ашуусунун белине чыкканда артында учкашып келаткан жигит:

      -Мындан ары жер эңкейиш эмеспи, ата. Сизди кучактап алайын –десе да болбой:

      -Акырын эле сүйөп коюп жүрүп отур-деп жолун улай бериптир. Көч сууга кирип, көчтүн жарымы суунун аркы өйүзүнө өтүп, жарымы берки өйүзүндө турганда, суунун ортосуна кечип барып калганда, Селим ата ат үстүндө баратып үзүлүп кеткен экен. Ошондо Селимдин эки уулу малы менен Кызыл-Белге кетип, калгандары сөөктү алып, өлүк зыйнатына деген союшун айдап, бала-бакыра менен көлгө кайра келишиптир.

      Алар Ашуу-Төрдүн күдүрүндөгү коктунун оозуна келип, жүк түшүрүп, үй тигишип, Селим атанын сөөгүн Ортоктогу Ажыбек уулунун көрүстөнүнө коюшуптур. Кийин Селимдин мүрзөсүнө коргон тургузуп, анын маңдай жагы түндүк-чыгышты карап турат. Учурда коргон абдан эле бузулуп калган абалда турат.

      Сүттикен эненин келин кезинде бир сыйкырлуу окуя болот. Күн чайыттай ачык болуп туруптур. Сүттикен жаңыдан эле бээ саап келип, сабаны бышып жатканда, күн күркүрөп, “тарс” деген үн менен чагылган түшкөндөй болуп, бир заматта көз уяткан жарык чыгып, эненин сол көкүрөгүнө кут түшүптүр. Эне аны дароо оң колу менен баса калып, келме келтирип, акырын алып барып апакай чүпүрөккө ороп келип, төрдөгү жүктүн үстүнө коюптур. Ошол нерсени энебиз кут деп атап, кийинчерээк кичинекей сандыкчага салып, жүктүн оң капталындагы керегенин башына текче жасатып, ошол жерде сактап жүрчү экен. Сүттикен эне балдарына: “Акыры бир күнү өлүм келет. Мен акырет күнүн көрүп, көзүм жумулганда сөөгүмдү эшиктен чыгарбай керегени көтөрүп, ошонун астынан чыгаргыла. Антпесеңер үйгө түшкөн кут мени менен кошо кетип калат” – деп айтып жүрчү экен.

      Ошол кезде Селимдин улуу баласы Ормондун уулу Байгабылдын Мендекеси Ажыбек уулунун айылында ыстарчын экен. Мендекенин үйүндө келим-кетим көп болуп, мейман үзүлбөгөндүктөн, алар үчүн союшка деп атайын үч бээ байлаткан экен. Ошол бээлердинг экөөнү союп бүтүп, үчүнчүсү калганда күн батып, тоо түбүндөгү айылга көлөкө түшүп калган экен. Мендеке мал сойгон жигиттерге:--“Балдар колуңар үшүп кетет го, бирөөнү эртең эле сойгула”,--десе жигиттер болбой үчүнчү бээни жыгышкан экен.Аңгыча маңдайдагы чоң ташка чолок боосу менен бүркүт келип конот. Аны Ормон көрүп, Чымыр деген инисине:”алдагы бээнин куйругунан кесип алып, канжыгаңдан боолугуңду байлап чырга сүйрөтүп кой. Эгер бүркүт чырганы алып калса таштап коюп кайра кел”—дептир. Чырга тартылганда бүркүт аны алат, Чымыр кайра келет. Ошондон кийин Ормон акырын жай басып барып, бүркүттүн бутундагы кыска боого жетет. Боону кармап Ормон бүркүт жемин жеп бүткүчө отура берет. Бир маалда бүркүт жүнүн үрпөйтүп, Ормонду тиктеп жемин жебей туруп калат. Ошондон кийин гана Ормон боодон тартып, бүркүттү колуна кондурат.

      Жигиттер бээни союп бүтүшүп, үйгө киришет. Ормон да бүркүттү үйгө киргизип, ыңырчакка кондуруп коёт. Ормон кырка тизилип отурган жигиттерге карап: --“Кана балдар, араңарда бүркүт салчулар барбы?—деп суроо салса, эч кимиси үн катпайт. Алардан жооп болбогондон кийин Ормон:--“ Жабал тээтиги чапта жыгылып өлөөрүн билбей ителги салып чаап жүрөт. Эт бышкыча чаап барып Жабалды алып келе калгыла”—деп бир баланы чуркатат. Бала Жабалдыкына келсе үйүндө коногу бар экен. –“Булар конбой эле кетишет. Буларды узатып коюп барам”- деп Жабал баланы жолго салат. Бала кайра келгенден кийин Жабалды күтпөй эле Мендеке этти чыгартып, үйдөгүлөр жакшы бышкан этке нык тоют алып тарап кетишет. Ормон кичүү иниси Кубатка бүркүттү көтөртүп алып үйүнө келет.

      Эртең менен Ормондун байбичеси күл чыгарып тышка чыгып баратса, Жабал келип калыптыр. Жеңеси менен учурашып, үйгө кирсе Ормон төшөктөн жаңы туруп кийинип жаткан экен. Жабалдын саламын алик алып сыртка чыкканда, Жабал кошо ээрчий чыгат экен. Бүркүт менен болгон окуяны айтып берип, ошол бүркүттү сен салбайсыңбы деп бүркүт отурган үйгө Жабалды алып кирет. Жабал бүркүттү көрүп эле дароо жактырып:--“Жараган бүркүт экен, мүрүлөрүн карабайсызбы, жүнү да укмуш экен”—дептир. Анда бул бүркүттү жабдыйлы деп, Селим айылында Жума деген булгаары кармаган киши бар экен. Ошону алдырып, бүркүткө томого жасатып, мойноктон мээлей даярдатат. (Эликтин текесинин моюн терисин туюк союп алганды мойнок дешет). Суу боюнда нымдуу жерде өскөн сары талдын ачакей бутагынан балдак жасатып, ага бышык булгаары каптатат. Бүркүткө узун боо тактырып, эски боосунун билеригин чечтирсе, ичинде куюлган күмүш бар экен. (ээси бекер киши эмес көрүнөт). күмүш билериктин сыртын сыйрып салып, жаңы булгаары менен каптатат. Мына ушул камылгаларды бүткөрүп, бүркүттү жабдыгандан кийин Жабал аны сала баштайт.

      Ушундан мурдараак, Алматай Караколдон келатып, Тосордун суусу көлгө куйган жердеги калың чычырканактын арасынан бир калтар балык кармап жер жүргөнүн көрүп калган экен. Абайлап акмалап жүрүп, калтар ушул жерден Шарпылдакка чейинки аралыкта көл жээктеп балык издеп жүрөрүн билип алып, үйүнө келиптир. Алматай тегерек-чекедеги бүркүтчүлөрдүн бардыгын жыйнап келип, баягы калтарды ала албай коюшкан экен.

      Жабал салып жүргөн бүркүттүн кабарын угуп, Алматай бир жигитин жанына алып, Жабалдыкына келиптир. Ушул үйдө конуп жатып, Жабалдан бүркүт тууралу толук маалыматты угуп билет. Алматай үй ээси менен сүйлөшүп, баягы калтарды алдырмакчы болуп макулдашат. Алматай:

      --Жердин шартын биз жакшы билбейбиз, менин жигитиме бир тыңыраак бала кошуп бер, экөөнү кагынга жиберели,--дейт Жабалга. (кагын деп айдакчыны айтышчу экен. Себеби, алар этек-жеңин кагып, катуу дабыш чыгарып, аңды үркүтүп айдашчу экен). Ошентип, кагынга эки киши жиберип, Алматай Жабал болушуп, Күл-Өтөктүн башындагы Шиш-Дөбөгө бүркүттүн томогосун алып коюп отурушканда көпкө күттүрбөй эле калтар кабактын ичинен кашатка чыга калыптыр.Бүркүт талпынып жулуна баштаганда Жабал аны коё берет. Бүркүт менен калтар кулап кеткен көрүнөт, кашаттын кары сапырылып эле чаң уюлгуп калыптыр. Экөө чаап келишсе бүркүт калтарды бир буту менен тумшуктан, экинчи буту менен чаткаяктан алып басып жаткан экен. Жабал бүркүттү ажыратып, томогосун кийгизип, таштын үстүнө отургузуп коюп, калтардын терисин сыйрып, Алматайдын канжыгасына байлаган экен.

      Экөө Жабалдыкына кайтып келишет. Жабал аттан түшүп жатып, Алматайдын атын алып жаткан жигитке:--“Калтарды канжыгадан чечип, үйгө ала кел”—деп табыштайт. Жүктүн үстүнө калтардын терисин жаап койгондо куйругунун жарымы алакийиздин үстүнө бүктөлүп калган экен. Алматай үйдүн ичине көз жүгүртүп отуруп, үйдүн жасалгасы толук жаңыртылганын байкайт. Бата тиленип, дасторкон жыйылгандан кийин Алматай:

      --Жабал, сен калтарды мага бердиң, мен алдым.Эми жүрү, сыртка чыгалы, үйдү жаңылап жаап, түндүгүн чүмкөп коюпсуң,--деп басып келип, үзүктүн этегин көтөрүп, Жабалга:

      --Үйдүн ичин карачы Жабалым, көрдүңбү?—дегенде калтардан көгүлжүм нур чыгып, үйдүн ичине жарык берип турган экен.

      --Бул накта эле калтар турбайбы, жаркырап турганын карачы,--деп Жабал аябай таң калат. Экөө кайрадан үйгө киришкенде Алматай:

      --Мен калтарды сага бердим, эми сен ал. Муну упадай кылып жакшылап ийлет. Сандыктын түбүнө салып катып кой, Атаң келип ботом деп жалынса да бербе,--деген экен. Калтардын кармалганы жөнүндөгү кабар Чыныбайга угулат. Ал айлана-чөйрөдөгү болуштарды жыйнап алып:

      --Кыдык Жабал калтар алдырыптыр, ошону мага кимиңер алып келип бересиңер?,--дегенде болуштардын бири:

      --Жабалдын агасы Ормондун кызы жетиөгүздүк Асаналы дегендин аялы, Ошол барып сураса эле берет да,--дептир. Ошонун акылы менен Чыныбай Асаналыны ортомчу кылып, Жабалдан калтарды суратып жиберген экен. Жабал калтарды бербей коёт. Ошондо Чыныбай болуштарды кайрадан жыйнап, жер-жерден өңү ак, башы кара 400 кысыр калды кой чогултуп келүүгө буйрук берет. Буйрук аткарылып, чогулган койду Жабалдын короосуна калтардын териси үчүн деп айдатып киргизет. Жабалдын 500дөн ашык кою бар экен, эми короосу миң койго толгондо Жабал бекер оокатка азгырылып, калтарды Чыныбайга берип койгон экен. Ошондон кийин бүркүт Жабалдан качып кетет.

      Көп өтпөй Сүттикен байбиче көз жумат. Балдары анын керээзин аткарбай, керегени сындырып алабыз дешип, эненин сөөгүн эшиктен чыгарышат. Сүттикен эненин сөөгү менен үйдө сакталып турган кут кошо кетип, ошондон тартып Селим уулу кырсыктай баштаган дейт.

      Бул тууралу илгери мендебай кара Баялы деген айтып жүрчү экен, ал жети жашынан тартып Селимдин коюн багып, бул үй-бүлө тууралу жакшы билген адамдардын бири экен.


                           ОРОЗОН КУДАЙЫРБЕК УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Карт тарыхка кайрылсак, кайсы заман, кайсы доор болбосун кыргыздардын башына мүшкүл иш түшүп, кыйынчылык каптап турган мезгилде не бир акылман, эр жүрөк, баатыр, олуя, калыс, кайрымдуу, боорукер сапаттарга ээ болгон касиеттүү инсандар далай кыргындан, ачарчылыктан, апааттардан сактап калышып, элди оор кырдаалдардан алып чыгып кетишкенин билебиз. Мына ушундай инсандар ар бир уруудан чыгып, алардын элине кылган эмгеги , кадыр-баркы, жакшылык-жамандыкта, эл башына кыйынчылык түшкөндө билинген. Элне түшкөн түйшүктү көтөрүп, “ысыгына күйүп, суугуна тоңуп”, элди ошол түйшүктөн алып чыгып кеткен адамдарды өзгөчө баалап, урмат-сыйга бөлөгөн. Калк кадырлаган адамына “Аке”, “Ажы”, “Бий”, “Баатыр”, “Эр” деген наамдарды ысымына кошуп айтып, алардын даражасын бийик тутушкан. Ошондой калктын кадырлоосуна арзыган адамдардын бири -- Кудайырбек уулу Орозон болгон. Санжыра боюнча Орозондун ата-тегин сүрүштүрсөк: Кыдык—Жаанбай—Бейиш—Ырыскулу – Байтору – Кудайырбек.

      Орозондун атасы Кудайырбек кедей, карагайдан ээр чапкан өнөрү менен “Ээрчи Кудайырбек” деп элге таанылган адам экен. Энеси Балгамыш нускалуу, сарамжалдуу, үй оокатына тың, бүйрө зайып болуптур. Орозон 1866-жылы жарык дүйнөгө келген экен. Бала кезинен эле тың чыгып, чыйрак, эмгекчил болуп чоңоёт Орозонго бала кезинде Кыдыралейсалам аян берип, тилине мөөр басып кеткен дешет. Анын 14 жашынан эле касиети артып, оң жагынан көк жал бөрү жандап, айтканы айткандай, дегени дегендей келчү экен. Орозон эр жетип, ички-тышкы иштерди өзү бүтүрүп, өзү тейлеп калган кезде атасы Кудайырбек: --“Балам, күн жылып, эл жайлоого көчө турган маал болуп калды. камданалы, Кызыл-Суудагы тааныштарга барып ун-талкан таап кел”,--деп Орозонду жумшайт экен. Эртеси күн жаңыдан тоонун кырынан көрүнүп калган кезде Кызыл-Сууга жөө жөнөп кетет. Барскондогу жездесине келип мингич сураса, байтал берейин деген экен, аны албай жөө кете бериптир.

      Кызыл-Суудагы агасы Асанбектикине келип түнөп, эртеси бир капка толо бербеген буудайды жөө көтөрүп алып кайра жолго чыгат. Бир топ жол арбытып калган кезде Орозондун алдынан эки төөнү комдотуп, жетелет ип келаткан кадимки Садыр аке Жолболду уулу чыгат экен. Ат үстүндө келатып озунуп салам айткан Садыр акеге алик алып үлгүрөрү менен ал киши суроо салды:

      --Кимдин баласы болосуң?

      --Кудайырбектин.

      --Аа, баягы ээрчи Кудайырбектинби? Азандагы ысымың ким?

      --Ысымым Орозон.

      --Жакшы, жакшы. Менин алты уулум, алты короо коюм бар мен ырыстуумун деп жүрсөм, Кудайырбек менден ырыстуу турбайбы. Балам, канжыгалуу кара сеңсең турбайсыңбы. Өрүшүңө мал толуп, кедейлигиң унутулган күн да келет Ошондо, бугу тууганың Кыдыр аке менен кеңештеш болуп жүр,--деп Садыр аке батасын берген экен. Садыр аке бир топ узап кеткен сапарлаштарына жете барганда, жигиттердин бири:

      --Ээ, жарыктык, жолдо өтүп бараткан бир мусапыр менен ушунча да сүйлөшөсүзбү?—дегенде Садыр аке:

      --Айланайын балдарым, анын оң жагында жандап бараткан көк жал бөрүнү көргөн эмес турбайсыңарбы. Бул жөн бала эмес, келечекте эл билген адам болот,--деген экен.

      Орозондун Кыдыралейсаламга жолукканы жөнүндө санжырачылар эки түрдүү айтышат. Биринчисинде, Орозон Кызыл-Суудан буудай көтөрүп келатып. Тамганын суусундагы кашатка келсе, кечүүгө жакын жерде ээрге куржун салып атчан келаткан аксакал кишини көрөт. Орозон сууну кечип өйүздөгү кашатка андан мурда чыгат. Баягы атчан аксакал:

      --Ээ баатыр, токтой тур,--дегенде аны күтүп туруп калат. Аксакал жете келгенде Орозон салам айтат. Карыя алик алып, кимдин баласы экенин, кайда баратканын сурап, жообун алгандан кийин:

      --Балам. экөөбүз Тосордун суусуна чейин жарышалы. Байге сенин көтөргөн кабыңдагы буудайың, анан менин куржунумдагы нерсе болсун,--дептир. Орозон карыянын айтканына макул болот. Карыя атчан, ал эми Орозон кабын көтөрүп жөө чуркап жарышка түшөт экен. Ошондо Орозон аркан бою аралыкта мурда келип, карыяны күтүп туруптур. Экөө Тосордун суусун кечип, кыдыктардын жерине өткөндө:--“Ме балам, байгеңди ал”—деп карыя эки көзү толо куржунду берет да, коштошуп андан ары кетет. Орозон чапанын жая салып эс алып отуруп, куржунду ачып караса, ичинде эч нерсе жок, бир эле бош жыгач аяк бар экен. Ырыскы Орозонго ошол аяк менен келген дешет. Куржундун ээси Кыдыралейсаламдын өзү экен, ага жолукканын Орозон деле билбептир.

      Санжыранын экинчи вариантында Орозон Тосордун суусунан өтүп, бир сындырым нанын сууга малып жеп, “Кодолдун оозу” деген жерге түнөп калат. Эртеси таң сүрө жолун улайт. Тосордун суусун өрдөп барганда “Желдең айрык”, “Кыдык айрык” деп аталып, экөөнүн ортосунда Орток деген тоо турат. Орозон “Кыдык айрыктын” күн батыш жагы менен келатса, бир жайыгыраак жерде үч селдечен абышка дасторкон жайып отурушуптур. Орозон салам айтып, “Желдең айрыктын көпүрөсүн көздөй өтүп кетмекчи болгондо карыялар: --“Балам, бери кайрыла кет” –деп чакырышыптыр. Дасторконго отургузуп, ал-жайын, ата-тегин сураштыргандан кийин карыялар “тигинден алып же, мындан алып же” дешип, жер-жемиштен жедирет экен. Орозон сүрдөп, тердеп анча жей албай отурганда “ жакшылап тоё же” дешип карыялар өздөрү шашпай отурушуп, бирге тамактанышат. “Эми барагой” деп карыялар уруксат кылганда Орозон бата кылып, үйүнө бет алат. Бир бута атым жерге барып, артына кылчайса баягы үч селдечен карыя ак нур чачып, асманга көтөрүлүп бараткан экен. Таң калып карап туруп, алар көрүнбөй калгандан кийин кабын көтөрүп жолун улантыптыр. Үйүнө келип Орозон болгон окуяны энеси Балгамышка айтып бериптир.

      Ажыбектин беш уулунун улуусу Такендин айылында Моңсор деген кылган иши менен айткан сөзү айкалышкан кыйын адам болгон экен. Айтылуу Атакандын ишенимдүү кишилеринин бири болгондуктан Моңсорду болуш келечекте менин ордумду ушул ээлеп, изимди ушул басат деп дайыма өзү менен кошо ээрчите жүрчү экен. Муну көрө албайгандар уу берип Моңсорду өлтүрүп коюшуптур. Балгамыш менен Моңсордун жесири айыл-апада өтө ынак, сырдаш абысындардан экен. Балгамыш уулунан уккандарын ошол абысынына айтып бергенде, ал байбиче күйөөсү Моңсордон калган тебетей менен чепкенди “Орозон бекер жигит эмес, шай колдогон киши болот экен” деп ырымдап, Орозонго алып келип бериптир. Кыдыралейсалам аян берип, нур чачкан үч карыя көзүнө көрүнгөндөн кийин Орозонго касиет келип, башына бак конуп, өрүшүнө мал толгон дешет. Садыр аке айткандай, “канжыгалуу кара сеңсең” болуп, кедейлик унутулуптур.

      Кийин Кудайырбек уулу Орозон кара кылды как жарган калыс, кайрымдуу, көрөгөч, акылман, берген батасы төп келген, Кыдыр жылоологон касиеттүү адам болуптур. Орозон кыдыкта суксур Абдыраман аба жана Обонбай бий, торгойдон Алматай ажы, жакшылыктан Саке ажы, алдакеден Карбоз бий, кудайбактыдан Сарыгул жана башка топ жарган билермандар менен масилеттеш болуп, Ысык-Көл дубанындагы жалпы бугу ичинде кол башындагы арык тукумунан Кыдыр аке, белектен Баатыркан Ногой уулу, Жети-Өгүздүк Күлбарак Матай уулу, бападан Дербиш Канай уулу менен Кендирбай Солтоной уулу, көл аягындагы арык тукумунан Кененбай ажы Байтүгөл уулу, алагөз-кабадан Баатыркан Ырайымбек уулу сыяктуу эл бийлеген адамдар менен мамиле түзүп, анын кадыры жалпы бугуга белгилүү болгон. Ал кезде Тоң жергеси Тосор суусунун батыш жээгинен тартып, Миярдын белине (кийин Кескен Бел аталган) чейин асты-үстү менен жалпы кыдыктын конушу болгон. Ушул аймактарда Жаанбай болуштугу, Торгой болуштугу жана Жаныбек болуштугу деп аталган үч административдик бирдиктер турган.

      Пржевальск уездинде болгон дубандын чоң жыйындарында жана Пржевальск- Токмок уездеринин кошмо курултай-жыйындарында Орозон башка айрым инсандар менен бирге жаанбай болуштугунан өкүл болуп, катышып турган. Кара кылды как жарган калыстыгы менен калың журтка жагып, Каракол-Нарын дубандык жыйынына төрагалык кылган экен.

      Тынай уругунан Жантай уулу Шабдандын кер жоргосу менен Тумар кашка айгырдын үйүрүн бапа Сааткөз менен Күчүк, саяк Максүт дегендер уурдап айдап келишип, Орозондун жайлоосу Тогуз-Булактын башына жайып коюшуп, “Тумаркашканын үйүрү Орозондун жайлоосунан табылды” дешип сүйүнчү айттырышат. Алардын максаты – Орозон ууру экен дешип, доого жыгып, эл алдында беделин түшүрүп, баркын кетирүү эле. Ошого байланыштуу Шабдан бугу, сарыбагышты чогултуп, Көтмалдынын Кызыл-Сазына топ жыйын чакыртат. Ошол топ жыйынды суксур Обонбай аке Байгозу уулу жетектеп, элди жаңжалсыз, тынч таратып, калыс чечим чыгарган. Орозон жыйын болуп жаткан учурда кечигип келип, салам айтып аттан түшөт. Шабдан элге кайрылып:

      --Ууру адам ушубу?,--дегенде айып коюп жаткан тарап:

      --Ооба, ушул,--дейт экен. Ошондо кыраакы Шабдан:

      --Ушул адам ууру кылмак беле, аны бүт периштелер курчап алган тура, муну ууру деп айткан киши өзү ууру,--дептир. Орозонго жалган жеринен коюлмак болгон доо, жалган жалаа жыйындын жүрүшүндө Ысагалынын жигиттеринин мойнуна түшүп калат. Кийин Алматай ажынын айтуусу менен Ысагалы ат жетелетип барып, тон кийгизип, Орозон байдын астына түшкөн экен.

      Кыдык чогулган жерде сакалдуулар арасында Орозон атабыздын кайрымдуулугу боорукерлиги жана адамкерчилик сапаттары тууралу сөз кылышаар эле. Илгери үркүндөн мурда Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу деген жеринде жашаган орус адам аялы экөө күтүлбөгөн кырсыктан каза болуп калышат.Алардын Иван жана Петр деген эки баласы жетим калат. Ошол бири жети, экинчиси беш жаштагы эки бала асырап алчу киши табылса, ошого бала болуп, жан сактоонун аракетинде жолго чыгышат. Сливкино айылындагы орустардан “Сарууда Жейренбай ажы деген кайрымдуу, калыс адам бар” дегенди угуп, жөө Жейренбай ажынын үйүнө келишет. Балдар ага өздөрүнүн чоо-жайын түшүндүрүп:--“ биз сизге бала бололу деп келдик”—дешет.

      --Мен силерге түшүндүм,--дейт Жейренбай ажы,--мен орустарга жакын жашап турам.Бирок, мен силерге бир нерсени айтайын, илгери кийин булардын ата-энесин сен өлтүргөң турбайсыңбы деген орустун доосуна калам го. Андан көрө Тоңдун Көк-Сайында Сарыгул деген бай жашайт, ошого баргыла,--деп жолго азык-түлүк камдап берип, узатып коёт. Жетимдер Кольцовкага чейин почта тарткан арабага жармашып келишип, ошол жерге түнөп алышып, эртеси жөө-жалаңдап, ар кимден сурап жүрүп, көп кыйынчылык менен Көк-Сайга жетишет. Алар Сарыгул байга келип, баягы өтүнүчүн айтканда, ал дагы кооптонуп. балдарга көнө бербей:--“тиги Бугуту тарапта Орозон деген жакшы киши бар, мен ал кишиге силерди жеткиртип коёюн, ошого барсаңар ал силерди кабыл алаар”—деп бир жигитке жетимдерди табыштап Орозондукуна жиберет. Балдардын ой-мүдөөсүн түшүнгөндөн кийин Орозон дароо макул болуп, аларды асырап алыптыр. Азан чакыртып Иванга Ыйманкул, Петрга Мусулманкул деген ысымдарды берет. Ошондон кийин Орозон аларды сүннөткө отургузуп, эл чакырып, той берген экен. Эки баланы жорго мингизип эркелетип, көңүлүн өстүрүп, жакшы багыптыр. Карылардын эскерүүсүндө ошол балдары элди туурап атасын Оке деп айтышчу экен. Кийин бул эки бала бойго жеткенде, Мусулманкулга Таажы бийдин кызы Түйтөнү алып берет. Мусулманкул менен Түйтө эркек балалуу болушуп, атын Шайымбек коюшат. Ыйманкул саруулук Таксырбай ажынын кызына үйлөнүп, андан эки эркек, бир кыздуу болот.

      Ушул асырап алган эки баладан улам, Орозон атабыздын кыдык элинин карыялары --“Ээ, кайран Окем, караны акка айландырган касиеттүү киши эмеспи, арбагыңдан айланайын”—деп эл чогулган жерлерде эскерип жүрүшчү эле.

      Революциядан кийинки ачарчылык жылдарында алдаке уругунан Жаанбай уулу Нурдөөлөт Кызыл-Сууга үй-бүлөсү менен сөөк-тамырына баш калкалап барат. Ал жерден кагажыкталып, орустан тепки жеп, эки кабыргасы сынып, аялы ооруп, Токмат деген кийинекей баласын жонуна көтөрүп алып Тосордун башындагы Ортоктун айланасында турган Орозондун айылынын тушуна келгенде козу кайтарып жүргөн балдарга көрсөтүп, бир жашар Токматты таштап кетет. Эл орунга отурган кезде Орозондун бир баласы:

      --Ата, ата! Бир киши ак чийге бала таштап кеткен,-- дейт. Орозон Усупбай деген тууганын чакырып алып:

      --Бала таштап кетиптир, барып алып келгиле, деген экен. Караңгыда баланы издеп жүрүшүп, таап келишет. Томугуп, чала жан болуп кыңылдаган баланы Уулкан эне жылаңач этине салып жылытып, сүт берип жатып, эптеп оңоп алат. Орозон баланын атын Таабалды коюп, буга да той бериптир. Кийин Уулкан эне Токматты элине кошкон экен.

      Үркүндөн мурда негизделген Тоңдогу Кольцовка кыштагында жалаң келгин орустар жашап турган. “Беш манжа тең эмес” дегендей алардын баары эле оокаттуу адамдар болгон эмес. Арасында кембагалдары да болгон. Орозон бул кыштактагы кембагал үй-бүлөлөргө жайкысын айран, кымыз жеткирип, саап ичкенге бирден уй берген экен. Орустардын букасы жок болгондуктан, Ысагалыдан бука сурап барышса ал бербей коюптур. Ошондо орустардын бири Орозонго барат. Атайылап кой сойдуруп, конок кылат, келген оруска арнап түнү менен көйнөк, дамбал тиктирет. Уулкан эне “денеси агарсын, пейили тазарсын” деп аны оруска кийгизет. Эртең менен Орозон минип кетсин деп ат тартууласа ал аны алуудан баш тартып-”Тартууңузга ырахмат! Аттын мага кереги жок. Букабыз жогунан уйларыбыз музоо бербей жатат. Саан саабай кыйналып турабыз, Жардамыңыз ушул болсун, бир бука бериңиз”—деп өтүнгөн экен. Орозон анын шагын сындырбай бир бука бериптир.

      Орозон атабыздын калыстык кылган жактары көп эле болгон. Ошолордун бири тууралу эл арасында бир окуя айтылып жүрөт. Илгери Анжыян, Турпан, Кашкар тараптардан соодагерлер келип, көл бетинде соода жүргүзүп турган кезде, “манапка манап үйүр, байга бай ынак” демекчи, кашкарлык Байгелди деген соодагер каракөйнөк Атыгай байдын уулу Тыны менен ынак болуп, келген сайын Тынынын үйүнө түшүп, соодасын жүргүзчү экен. Кетээринде -“Тыныке, калганын келеркиге чейин соодалап коюңуз”- деп таштап кетчү эле дешет.

      Ошентип, арадан жылдар өтүп, Байгелдинин Тыныга таштаган буюмдарынын пулу көбөйүп кетет. Бир жылы Байгелди келип, пулун сураганда, ансыз деле бултактатып бербей жүргөн Тыны:--“Сыртка көчүп жатканда уурдатып жибердим”--деп бербей коюптур. Ошондо кыдык элинде Орозон деген калыс киши бар дегенди элден угуп, Байгелди атайын тартуу-тартмегин алып, Орозонго келитир. Орозон атабыз:--“Тыны бергени эле турат, айнытып коюп жаткандар бар окшойт”—деп Байгелдини ээрчитип алып, аркы-беркиден, шарыят жолунан кеп салып отуруп Тыныны көндүрүп, соодагердин мүдөөсүн орундатыптыр.

      Орозондун конушу Тосордун ичинде болуп, башкы конушу Тогуз-Булакта жайгашып, бул жерде жылкысы, ириктери багылчу экен. Андан ылдыйраакта тубар кой багылчу короо-жайы бар экен. Этектеги жайыкта чийки кыштан там салып, сыртын акиташ менен актатып койгондуктан, Орозондун бул үйүн “ак үй” деп аташып, узатасынан салынган үч бөлмө үйдө жашап турушуптур.

      Орозон атабыз болжол менен 20-жылдардын аягы, 30-жылдардын баш чендеринде кайтыш болуптур.Сөөгүн башкы кыштоодон жөө көтөрүп келишип, “ак үйдөн” чыгарышыптыр. Табытты эки чакырымдан ашык жерге алты кишилеп алмак-салмак көтөрүп, көрүстөнгө алып келип коюшкан экен. Ошол жерге улуу баласы Кулубай атасына арнап коргон тургузган. Коргондун маңдайы бийиктиги 3,5 метр келген дубал чийки кыштан тургузулуп, улам бийиктеген сайын тепкич-тепкич кылып, коргондун эни менен тосо дубал менен курчалган. Сырткы бети тегизделип шыбалып ар кандай сүрөттөр тартылган. Андан бери көп мезгил өтүп, учурда бул сүрөттөр өчүп билинбей калган. Коргондун төбөсү тирөөчтөргө бекитилген жыгач чатырча менен жабылган экен. Улам эскирип, сынып отуруп, чатырча да жок болгон.

      Орозон атабыз менен Уулкан энеден Кулубай, Кулуке жана Желдеңбай деген уулдар калган.


                           САДЫК АЖЫ ЖАНА АНЫН УУЛУ НУРДӨӨЛӨТ (ӨКӨНБАЙ) АЖЫ ТУУРАЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Мезгилдин сыноосунан, элдин элегинен өтүп, өз заманында калың журтка таанымал болуп, урпактардын эсинде муундан муунга айтылып келаткан инсандар кыдык ичинде бир кыйла. Ошолордун катарында Өкөнбай ажы да тиешелүү орунду ээлейт. ул адам жөнүндө ал кишини көрүп-билген замандаштары Кытан Тайлак уулу, Төлөмүш Чыдың уулу, Токтобай Шамы уулу сыяктуу чоң аталар көп кеп кылышчу экен. Биздин муун Өкөнбай ажы жөнүндө таятам Абдыжалый Көлбай уулунан, Сооронбай Атабай уулу, Кутман Сагынай уулу, Коёналы Боогачы уулу деген чоң аталардан угуп билдик.

      Айрыкча таятам Абдыжалый ал киши тууралу абдан берилип кеп кылат эле, анткени Өкөнбай ажы ачкан мектепте окуп. сабатын жоюп, ислам дүйнөсүнүн зор мухитинин жээгин ошол киши аркылуу аттаган экен. Таятам алыс-жакынга “Жалый молдо” деген ат менен белгилүү болгон чоң молдо, аймактагы алгачкы агартуучулардын бири, жаш муундарды тарбиялоодогу көп жылдык жигердүү эмгеги үчүн Ленин ордени менен сыйланган инсан болгон.

      Таятам дайыма өзүнүн алгачкы устатын терең урматтоо, зор кадырлоо менен эскерээр эле. Өкөнбай ажы жөнүндө ушул саптарды жазып жатып, таятамдан уккандарымды негиз кылып алдым.Албетте, бардыгы толук эсимде калган жок, ал кезде балалык кылып, айрыкча көңүл деле бурбасам керек, ушуга абдан өкүнүп жүрөм. Таятамдын көзү өткөндөн бери 30 жылдан ашык мезгил өттү. Бул бир муундун өмүрүнөн да узак мезгил болуп жатпайбы. Убакыт өткөн сайын мурда угуп, билгендериң улам унутулуп, мезгил закымдарына аралашып, сиңип кетет окшобойбу.

      Ошондуктан Өкөнбай ажы жөнүндө уккандарымды жазып коёюн дедим. Булар менин балдарыма, келечек муундарга керек болоор, дей турганга, айта жүргөнгө аңыз кеп болоор... Биз да өз кезегинде улуулардан укканбыз, биз да өзүбүздөн кийинкилерге айтып жүрөбүз.

      Эмесе, Өскөнбай дамбылданын ата-теги тууралу азын-оолак кеп кылалы. Кыдык элинин курамында суксур уруусу бараандуу орунду ээлейт. Жаанбай бабабыздын экинчи аялы Суксур энеден Элчибек, Жоруп, Мурат деген үч атанын тукумдары тарайт. Элчибектен Жумаш, Каработо, Шабото деген үч уул. Каработодон Жамансарт, Усуп, Токтор. Токтордон Стамбек, Андабек жана Жундуй. Жундуйдан Черибай атабыз жалгыз туяк экен. Черибайдан Садык, Алсейит жана Чодон деген үч уул.

      Садыктан Өкөнбай, Кургак, Маке, Закирия жана Осмон деген уулдары болуптур. Садыкты эл ичинде азандагы аты менен чакырышпай Сасык деп аташчу экен. Жайкысын журт которбой, сары журт болуп отура берчү экен. Мындай кылганы бул киши зергер адам болгондуктан көбүнэсе оокаттуу бай адамдар кызга сеп үчүн сөйкө, билерик, шакек сыяктуу азем буюмдарды жана ат жабдыктарды жасатып. Садыкты үйүнө түнөтпөй алып кетип тургандыктан ал кишинин үй-бүлөсү үчүн көчүп-конууга мумкүнчүлүк болгон эмес окшойт. Бир эле журтта көчпөй отура бергендиктен, сасып эле бир журтта отура берет дешип, эл ичинде Сасык атка кондуруп алыптыр.

      Сасык кол өнөрчүлүгү мыкты, күмүштөн, жезден ар кандай буюмдарды көз тайгылта жасап, ошол өнөрүнүн аркасы менен бүтүндөй көл боюна, Кочкор, Кеминге чейин белгилүү болуптур. Азем буюмдарынан тышкары милтелүү мылтыктарды да жасап, анча-мынча мергенчилик кыла койчу экен. Үйүндөгү үкөктө күмүш “тай туяктар” чүпүрөккө оролуп сакталып, айрым кысталыш учурларда аларды пайдалана коюп, керек болсо кээ бир адамдарга бере коюп, элден жардамын аябаган, даалдаган ак көңүл киши экен. Ачуусу келгенде “кандан, бектен кайра тартпаган”, беттегенин бербеген көктүгү бар, кимге болсо да анын ким экенине карабай бетке түз айткан адам болгондуктан Сасыкты жаш кезинен эле “жинди” атыктырышат. Бирок, дайыма болгонду болгондой түз айтып, эч кимге жагынып кошомат кылбагандыктан тууган ичинде аброю бар адам болгон дешет.

      Эмгекчил, иштесе ишинин майын чыгарган уюштургуч жөндөмүнүн аркасында Сасык айылдагы жигиттерди алып чыгып, Жер-Үйдүн суусунан алыш чаптырып, Тепшиге суу чыгарткан экен. Ушул күндө да темирканаттык туугандар ушул алыш аркылуу сугатка суу алып өтүшөт. Сасык бир топ жыл балалуу болбой, бала жытына зар болуп жүрөт. Аялы экөө ар кайсы бүбү-бакшыларга көрүнүшүп, мазарларга түнөшөт. Күндөрдүн биринде Сасык түш көрөт. Түшүндө ак төө минип, ак чапан кийген, ак селдечен, аксакал адам “эркек балалуу болосуң” деп айтып бастырып кетиптир. Эртең менен дасторкон үстүндө көргөн түшүн аялына айтып жатса, аялы да ушундай түш көргөнүң айтып таң калышып, өздөрүнчө ырым кылышат.

      Көп узабай, бир күнү колунда аса-мусасы, жонунда асынган баштыгы бар бир топ дубана суксурлар жашап турган чөлкөмгө келип калышат. Ал заманда диндик үгүттөө иштерин ошол дубаналар аткарышып, арасында Кокон менен Кашкардан жиберилген кожолор боло турган. Алар үйлөргө түшпөстөн, айылдарга чукул мазарларга, булактарга, эски мүрзөлөргө, башка бир ыйык деп эсептелген жерлерге түнөп калышчу экен. Буларга айылдагы колунда барлар козу-корпо союп, дасторкон камдап келип, даам ооз тийгизип туруу милдет деп эсептелген. Сасык да бир козусун союп бышырып алып, байбичеси экөө дубаналар түнөк кылган жайга келишиптир. Бул Жуукунун Кызыл-Үңкүрүндөгү Боронбай султандын ордосунун бузулган калдыгы экен. Бул ордо бугу-сарыбагыш чабышында талкаланып калган экен. Дубаналар ошол урандыларды тегерете жайгашып, отурганы отуруп, турганы туруп, зикир чалып жатышыптыр.

      Тиги келген экөө аттан түшүп, көргөн көздөрүнө ишенбей аң-таң болуп туруп калышыптыр. Себеби, дубаналардын арасында өгүнү түшкө кирген ак кийимчен адам да жүрөт. Ортодон бир далай убакыт өтүп, Сасык алып барган тамак-ашын берип, дабатчылардын батасын алып шек алдырбай кайра тартышат. Сасыктын аялынын боюна бүтүп, тогуз ай көтөрүп, омурткасы сыздап жүрүп, эркек бала төрөйт. Уулдуу болуп, кубанычы койнуна батпаган Сасык өксөп жүрүп көргөн балам деп атын Өкөнбай коёт, ага-тууганын чогултуп, той өткөрүп жентегин берет. Кыз балдары болгонбу, жокпу билбем, Өкөнбайдан кийин Кургак, Маке, Закирия, Осмон деген уулдарды көрөт.

      Өкөнбай өзгөчө бала болгон экен. Шак эткен үнү жок, дайыма жүзүнөн жылмаюу кетпеген, бала өңдөнүп оюнга алаксыбаган, өзүн таза жана тыкан алып жүргөн, токтоо, куйма кулак, татынакай нур жүздүү бала экен.

      Өкөнбай беш жашка толгондо Кашкардан соодагерлердин кербени келип калат. Кербенчилер Абдырамандын айылына түшүп, өргүп калышат. Эртеси эртең менен Сасыктыкына атчан бала чаап келип:--“Сизди Абдыраман атам чакырып жатат, тез келип кетсин деди”—деп кайра чаап кетет. Сасык кербенчилерге анча-мынча керек болуп калсам керек, бир нерсе жасатат го деген ой менен күн шашке болоюн деп калганда Абдырамандыкына келип түштү. үйдөн окчунураак тектирчеде жүгү түшүрүлгөн он чакты төө, андан бери 5-6 токулгалуу ат кошоктолуп турат. Үйдүн сыртында 6-7 адам ары-бери басып турган экен, кийген кийимдерине, кебете-кешпирине караганда кашкарлыктар окшойт. Сасыктын берген саламына чурулдап алик алышты. Сырттагы кобур-собурдан улам, үйдөн тестиер бала чуркап чыгып, Сасыктын атын алды.

      Сасык салам айтып, үйгө кирди эле, төрдө Абдыраман абага катарлаш бакжайган аксакалдуу, селдечен адам отурган экен. Сасык аны көрөөрү менен эмне кылаарын билбей, деңдароо болуп туруп калды. Абдырамандын бери өйдө өт деп колун жаңсап ишарат кылганы көзгө илинбей, кулактын сыртынан кетти. Сасыктын минткенинин да жөнү бар эле. Анткени төрдөгү адам бир нече жыл мурда түшкө кирип, андан кийин дубаналар менен чогуу келип, эркек балалуу болосуң деп бата берген адамдын өзү болчу. Эркек балалуу болгондон бери кандайдыр бир кереметтүү күч, касиеттүү сыйкыр Сасыктын басса-турса оюнан кетпей, бүткүл жан-дүйнөсүн ээлеп, ага кадимкидей таасир берип жүргөн эле. Босогодо деңдароо болуп турган Сасык –“Оо. кудай урган, эмне турасың делдейип, бери өтпөйсүңбү”—деген Абдырамандын сөзүнөн кийин эсине келип, төрдөгүлөр менен тердеп-кургап жатып араң кол алышып учурашууга жарады. Дасторкон четинде даам татып отурганда Абдыраман аба Сасыкка кайрылып:--“Бул кишинин сага айтаар маанилүү сөзү, бүтүрөөр зарыл иши бар экен”—деп кеп төркүнүн нукка салгандай болду. Ошол Абдыраман абанын үйүндө Сасыктын да, анын уулу Өкөнбайдын да мындан аркы жашоосуна өзгөрүү берип, келечегин аныктай турган чоң бурулуш болду.

      Ошол Абдыраман абанын төрүндө отурган адам Кашкардагы чоң медреседе вазийпа өтөгөн белдүү аалымдардын бири экен. Ал Абдыраман аба менен Сасыкка ислам дүйнөсүнүн көп сырдуу, касиеттүү жактары жөнүндө абдан кызыктуу жана таасирдүү кеп салып отуруп, акырында Сасыктын уулу Өкөнбайга токтолду. Алла Тааланын амири менен бул бала нурдан бүткөн бөтөнчө жан экендиги, анын өмүрү менен жашоосу мусулманчылыктын бардык эрежелерине ылайык болушу зарыл экендиги, ошондуктан бул балага өтө аяр жана чеберчилик менен мамиле кылуу керектиги, эгер андай болбогон шартта ал баланын мерт болуп калышы ажеп эмес экендигин айтты. Бала мындан ары медреседен билим, тарбия алып, билимдүү. маданияттуу, динаят адамдардын арасында, башка шартта, башка чөйрөдө күн кечириши зарыл экендиги тууралу сөз жүрдү. Баланы окутуп, тарбиялап, жеткиликтүү билимдүү кылып, эрезеге жеткирип туруп, кийин кайра колуңа салып берем, мындан башка айла жок. Сен кааласаң да, каалабасаң да ушуга макул болушуң керек, антпесең бала мерт болуп калат деп аалым сөзүн бүтүрдү. Бүгүн үйүңө кайт, болгон сөздү байбичеңе айтып, аны көндүр, эртең барып баланы алып кетемин деп Сасыкты жолго салды.

      Эртеси айткандай эле аалым, Абдыраман аба, дагы 2-3 киши Сасыктын үйүнө келишти. Кудайдан жакшылык тилепп кой союлду. Балага Өкөнбай деген аттын ылайыгы жок, бул ысым ага жарашпайт деп аалым азан чакырып, балага Нурдөөлөт деген жаңы ысым берилди. Ошентип, ата-эне ары карап ыйлап, бери карап күлүп, аргасыздан “эти сеники, сөөгү меники” деп, Нурдөөлөттү аалымдын колуна берип, жанын кудайга табыштап, Кашкарга узатып кала беришкен экен.

      Арадан жылдар өтүп Нурдөөлөт 15 жашка толгондо Кашкардан туулуп-өскөн жерине, бир тууган элине кайтып келген экен. Шыңга бойлуу, нур жүздүү, бакырайган кой көзүнө жарашкан узун кирпиктүү, кер мурут, кең далылуу жигит күлгөндө жаркырап көрүнгөн тизип койгондой аппак тиштери өзгөчө көрк берип, көргөн адамды өзүнө тартып турган. Өзгөчө билимдүү окумалдыгы, маданияттуу жүргөн-турганы, оор басырык мүнөзү кимге болбосун кайдыгер карабаган боорукердиги ага өзгөчө аброй алып келген.

      Ислам менен мусулманчылыктан анчалык кабары болбогон, болсо да аларды аткаруунун жол-жобосун түшүнө билбеген, сабатсыз эл үчүн Кашкардан билим алып келген, беш убак намазга жыгылып, кыраатына келтирип куранды окуган, окуп эле тим болбой, анын сүрөөлөрү менен аяттарын элге түшүнүктүү жана жеткиликтүү айтып, пайгамбардын айткан дегендерин, кылган иштерин саймедиреп бергени эл арасында Нурдөөлөттүн касиеттүү адам экендигин далилдеп, жаш болсо да анын баркын көтөргөн. Күчтүү дубаларды окуп, тамыр кармап, ошонун аркасы менен көп ооруларды айыктырып, дартмандарга шыпаа болгон адам экен. Элдин айтымында Нурдөөлөт Кашкардан куржундун эки көзү толо “чаар китептерди” салып ийнине асып алып, жөө келген экен. Ушунча узак жол басып, узак мезгил коротуп келсе да, чарчап-чаалыгууну билбептир. Мунун өзү Нурдөөлөттөгү касиеттин күчү болсо керек.

      Жер-Үйдө суунун жээгинде чычырканак менен жылгын өскөн, тоонун түбүндө Иймек деген кооз жер бар. Ошол жерде Нурдөөлөт диний мектеп ачып, бала окутат. Таманына калың чөп төшөлүп, бир жак ыптасына кичирээк текче орнотулуп, анча чоң эмес жыгач сандык коюлуп, анын ичи толтура китептер болгон, керегенин баштарына теспелер илинген чакан боз үйдө окуу өткөрүлгөн. Үйдүн төр жагында керегенин башында ак матадан калың катталып тигилген баштыкка Куран китеби салынып, илинип турар эле дешет. Аны даарат алгандан кийин гана жалгыз Нурдөөлөт өзү окуп, пайдаланчу экен. Калган китептерди сандыктан алып, пайдалангандан кийин кайра салып койчу экен.

      Нурдөөлөт дамбылдадан уруксатсыз бир да адам пайдаланмак турсун аларга кол тийгизген эмес, себеби бул үйдө окугандар үчүн абдан катуу тартип киргизилип, дамбылда өзү ал китептерге тыкыр көз салып турчу дешет. Мектеп ачып, бала окутуу Нурдөөлөт үчүн оңойго турган эмес. Эртең менен үйдөн аттанып, ар кайсы кыштоодогу элге барып, күндөп-түндөп жүрүп ата-энелерин көндүрүп, он чакты бала чогултуп келген. Алардын арасында алдакеден Жамгырчы уулу Ашуубай, кудайбактыдан Шамы уулу Токтобай, беккулудан Лепес уулу Орозакун, Калпак уулу Байсерке, суксурдан Көлбай уулу Абдыжалый, Чыдың уулу Төлөмүш, Быржы уулу Мамбеттурду жана Отор уулу Эшим сыяктуу балдар болушкан. Булардын дээрлик бардыгы кийин өздөрү да ар кайсы жерлерде мектеп ачып, балдарды окутуп, сабаттуу кылышкан.

      Ар кайсы кыштоолордон келген балдарды үйлөрүнө жибербей окутуу керек болгондуктан мектеп үчүн даярдалган үйдүн жанына дагы бир боз үй тигүүгө туура келген, балдар ушул үйдөн тамактанып, ушул үйгө түнөшкөн. Бул үйдү Абдыраман аба:

      --“Сасыгымдын уулуна берип жатам. Сасыгым жез куюп зергерлик кылчу эле, Өкөнбайым бала окутуп, билимдин көрөңгөсүн куйсун. Ата-баланын билими менен өнөрү элимде калсын”—деп, тиктирип берген экен. Чеке-белдеги колунда бар байлар Нурдөөлөттүн мектебине союш берип турушкан. Ушул чөлкөмдөгү алгачкы тегирменчилер жаныбек Тото, суксур Султанбек дегендер ун-талкандан каралашып, жылына бир-эки жолу Нурдөөлөт өзү, атасы Сасык, айылдаш айрым адамдардын жардамы менен Каракол, Токмок тараптан эгин-тегин жүктөп келип турушчу экен.

      Бул дин мектебинде окуган балдардын жаш курактары ар түрдүү болуп, 5-10 жашка чейин айырмасы бар эле. Ошол мезгилдерде деле мектептер менен медреселер текшерүүдөн өтүп турган экен. Демек, Нудөөлөттүн мектеби каттоодон өткөн болуу керек деген ой туулат. Күндөрдүн биринде таасирдүү дин адамдарынан үч киши келген экен. Алматыдан чыгып, Караколдон бери келатышкан экен. Абдыжалый ошондо 7-8 жашка чыгып калган экен, аны Өкөнбай үйүнө жиберип:--“Бурулкан жеңеңе айт, түш оодарып, намаздан кийин киши алып барам, бир козу союп бышырып тургула, жакшылап конок кылып узатып жиберели”—дептир. Болжогон маалда кадырлуу конокторду ээрчитип Өкөнбай үйүнө келет. Абдыжалый коноктордун колуна суу куюп, семиз козунун эти жасалып, табак тартылат. Козунун башы менен кошо жамбашы төрдөгү сыйлуу меймандын алдына коюлуп, баары текши тиешелүү устукандарын алгандан кийин эч кимдин оюна келбеген иш болду.

      Жанагы сыйлуу мейман алдына коюлгандардан ооз тийбестен, макисин бүктөп чөнтөгүнө салып, колун аарчып киргенде буга таң калышкан башкалары:

      --Тамактан ооз тийбейсизби, жакшынакай аштан даам татпаганыңыз кандай — дешип отуруп калышат. Ыңгайсыз абалда калган үй ээси Нурдөөлөткө төрдөгү мейман:

      --Бул козунун башы макүрөө экен, тиши чала чагылып калыптыр- дептир. Ошентип тартылган козунун эти кайра алынып, чай ичилип коноктор узап кетишет. Сыйлуу меймандарды ойдогудай тейлеп узата албай калганына өкүнгөн Нурдөөлөт ачууланып:

      --Жалыйды алып келгиле, наесептин бүгүнкү кылыгы мени абдан уят кылды, бул үчүн Жалый жазасын алышы керек, --деп балдарды жемеге алат. Бурулкан жеңесинин этегинен кармап, эки-үчөө Жалыйды ээрчитип Нурдөөлөт дамбылданын маңдайына келишет. Жалыйды Байсеркенин жонуна көтөртүп, шымын шыпыртып. чылапчынга сууга салдырып койгон ичке табылгы чыбык менен май куйрукка басып алган экен. Чыбыктын уусуна чыдабаган Абдыжалый Байсеркенин мойнунан тиштеп алыптыр. Айласы кетип чочуган Байсерке Абдыжалыйды таштап жиберип, Бурулкандын этегине кире качыптыр. Бурулкан жеңе секирип, Байсерке анын бутунан кучактап, жеңенин этегине чалынып жүрөт дейт. Жанатан үрпөйүп коркуп турган балдар Байсеркенин кылыгына чыдабай, кыраан-каткы түшүп күлүп жатышат дейт. Нурдөөлөт дамбылда да кытылдап күлүп, колунан чыбыгы түшүп отуруп калган экен.Байсерке экөөбүздүн ый-күлкүбүз аралашып, ызы-чуубуз ушинтип басылган деп Абдыжалый таятам борсулдап күлүп калаар эле.

      Бурулкан жеңе демекчи, бул энебиздин Нурдөөлөткө келип, нике кайып баш кошуп калышы да өзүнчө бир окуя. Ал кезде айтылуу Чыныбай уезддин начальнигине жардамчы болуп турган заман экен. Ошол Чыныбай атайын киши жиберип, Сасыкты алдырат экен. Кызынын себи үчүн деп күмүштөн куйдуруп, билерик, шакек, сөйкө, чач учтуктарды жасатып, Сасык Чыныбайдыкында бир айга жакын жүрүп калат. Бир күнү ошол чөлкөмдөгү Касаболот ажы деген бай Чыныбайдыкына келип түшөт. Касаболот айтылуу Бирназар бийдин асыранды уулдарынын бири, Бүрбүжалдын тукуму. Бүрбүжалдын көл айланасына байлыгы менен атагы чыккан Сырдыбай деген уулу болгон, Ошол Сырдыбай бийдин уулдарынын бири ушул Касаболот ажы. Тилекмат уулу Чыныбай көлдү бийлеп турганда Касаболот ага үзөңгүлөш жүрүп, эл башкарууда таасирдүү адамдардын бири болгон. Анын Чыныбай менен тууганчылык жактан да жакындыгы бар экен. Анткени, Бирназар бийдин асыранды уулу Жылкыайдардан Тилекмат, Андан Чыныбай болуп жатпайбы.

      Касаболот бай бардар адам болгондуктан Меккеге барып, мусулманчылык парзын аткарып, ажы наамына татыктуу болуп келген экен.Мына ошол Касаболот ажы Чыныбайга келип, ал-жай сурашкандан кийин:

      --Тиги устаңыздын күчүн пайдаланайын деп келдим, мен да кызга сеп жасаттырат элем, мүмкүн болсо устаңызга уруксат кылбайсызбы,--дегенде Чыныбай:

      --Өзүң барып Сасыкка сүйлөшүп көр, макул десе алып кете бер, --деген экен. Чыныбайдын уруксаты менен Сасыкка келип:

      --Менин бул жерге келишимдин жөнү башка.Чыныбай менден көп кой союшка алып, карызын кайтарып бербей жүрөт. Сен эптеп Чыныбайдын мөөрүн эч жанга билгизбей басып бер, андан аркысын өзүм бүтүрүп, карыздарымды өндүрүп алам,--деп өтүгүнүн кончунан ак барак сууруп чыгып Сасыкка берет,--ушул ишти аткарып берсең эмгегиңди жерге калтырбайм, Экөөбүздүн бул ишибизди жан киши билбесин, мөөрдү баскандан кийин баягы сүйлөшкөн боюнча Касаболотко жөнөп баратам деп Чыныбайга айтып коюп келе берээрсиң,--деп Касаболот ажы аттанып кетет.

      Арадан бир нече күн өткөндөн кийин Сасык Чыныбайдын мөөрүн тымызын издейт. Чатыры калай менен жабылган, айланасы бак-шактуу жыгачтан салынган тамдын жанында боз үй тигилип турат. Үйдүн ичинде киши жоктугунан пайдаланып, Сасык боз үйгө кирип, тегерете көз жүгүртүп, бир жак капшытта каланып турган чыгданды ачса кичине сандыкча бар экен, ошонун үстүндөгү китептин жанында мөөр турат. Сасык ошол мөөрдү Касаболот берген актай барактын этегине басып алып чыгып кетет.

      Эртеси Чыныбай менен болгон жумуштарын бүтүрүп, кылган кызматы үчүн эсептешип алып, кош айтышып, Касаболоттукуна келет. Касаболот өз оюндагыдай болжогон ишинин өтөөсүнө чыгарганына жетине албай Сасыкка ыраазы болуп, кызы Бурулканды даярдап койгон себи менен тартуу кылган экен. Эки-үч күнчө Касаболот ажынын сыйын көрүп, кызын себи менен кошо алып, бир атка теңдеп жүк артып, бир атка Бурулканды мингизип, бир атты өзү минип, үч ат менен Сасык айылына кайтып келет экен. Ошол Бурулканды уулу Нурдөөлөткө алып берип, никесин кыйдырды.

      Ошондон көп өтпөй Сасык менен Нурдөөлөттүн мындан аркы өмүрүндө бурулуш окуя болот. Ажылык зыяраттын мезгили чукулдап, Нурдөөлөт ажылык сапарга камынып калат.Уулун мындай алыс жолго жалгыз жиберүүдөн чочулаган Сасык аны менен кошо бармак болот. “Бул сапарда Алла таалам ажылыкты мага буюруп жатат, анын бардык азап-тозогун мен гана тартышым керек. Эгер экөөбүз чогуу барсак, ажылыктын милдетин экөөбүз тең бөлүп аткарып калабыз. Бул жолу мен жалгыз барып келейин, эмдиги жолу экөөбүз бирге баралы. мага ушундай аян түшүп жатат,--деп Нурдөөлөт атасына канчалык айтпасын. Сасык көгөрүп оюнан кайтпады.Атасынын беттегенин бербеген көктүгүн мурдатан жакшы билген Нурдөөлөт баарына кайыл болуп, алдыда боло турган коркунучту сезип турса да, кудай жолу үчүн тобокел деп Мекеге атасы менен жол тартты.

      Коркунуч демекчи, аян туюмунда эгер ажылыкка чогуу барса экөөнүн бири мерт болуп калышы мүмкүн эле. Бирок, ажылык парзды бийик тутуп, ага ниет кылып койгон Нурдөөлөт алдыдагы сапардан баш тарта албайт эле Көпчүлүк менен Меккеге аман-эсен жетишип, андагы бардык ыйык жайларга зыярат кылып, Каабадагы кара ташка тооп кылып, Жиддада болушат. Ажылык зыяраттарын толук аткарып, эми элге кайталы деп турганда, намаз окуп жатып, Нурдөөлөт тап-таза туруп эле күтүүсүздөн көз жумат. Ошентип, Нурдөөлөттүн сөөгү ошол жерге көмүлүп, ажысы кабыл болгон дешет.

      Үйдөн кеткенине алты айга жакын мезгил болуп, арып-ачып, уулунун ажысы кабыл болгонуна каниет кылып, кулк-мүнөзү толук бойдон өзгөрүп, биротоло дин жолуна түшүп, ажы наамын алып, Сасык эл-журтуна кайтып келди. Сасык ажы уулу Нурдөөлөт ачкан мектептин ордуна чакан мечит салып, кийинки муундар “Сасыктын мечити” деп атап жүргөн жайга ээлик кылып турду. Нурдөөлөттүн кара ашын берип, куран окуткандан кийин анын жесири Бурулканды кайниси Макеге башын байлап, нике кыйдырды. Маке чоң атабыз Бурулкан чоң энеден Сулай жана Таажыбүбү деген эки кыз көргөн.

      XX кылымдын башында Сасык ажы Жер-Үйдөгү “Шергазынын жары” тушта суунун аркы өйүзүнөн ноо алып өтүп, тегирмен салган экен.Ошол тегирмендин күнүн кичүү уулу Осмон көрүптүр. 1916-жылдагы үркүндүн убагында бузулуп, андан кийин тегирмен чуркабай калыптыр.

      Ушул саптар жазылып жаткан күндөрдүн биринде кечкурун жамгыр алдында Макеев Качкын аба менен аңгемелешип калдым. Нурдөөлөт ажынын өлүмү тууралу дагы бир маалыматты ошол кишиден алдым. Ал муну атасы Сасык уулу Македен угуптур.—Ажылык зыярат мезгилинде бул жактан чогуу барган 5-6 киши бир кочкор сатып алыптыр. Ошол жерлик 30-40 жаштар чамасындагы жалгыз бой аялдын үйүндө жашап жүрүшөт экен, жанагы аял аларга кочкордун этинен тамак жасап берип жүрүп, зыярат бүткөн күнү кочкордун эти да түгөнөт экен. Эт караманча түгөнүп, булар ачка калган күнү баягы аял абдан даамдуу тамак жасап берген экен. Ажылар:

      --Эт түгөндү эле, бул тамакты кайсы эттен жасадың?,--деп сурашканда тигил аял:

      --Кочкордун канын, чыбыгын, умасын, бездерин сактап жүрдүм эле, ошолордон жасадым,--дептир. Ашпозчу аял:

      -- Мен дайыма союлган малдын канын, чыбыгын, умасын, бездерин чогултуп алып, ошолорду жеп жүрүп ушул жашка чыктым, быйыл 100 жаштамын, --деген экен. Муну уккан Нурдөөлөт абдан жипкирип,-- арам менен макүрөөдөн бүткөн нерселерди ооз тийип алдым – деп абдан капа болгон экен. Эртеси күтүүсүздөн каза болуптур. Намаз алдында даарат алып бүткөндөн кийин өзү менен чогуу ажылыкка барган көлдүк сабатар жигитке (Анын атын Качкын абам эстей албады) -- “Мен сени менен өмүрлүк дос болоюн дедим эле, достугубуз бул жалганда эмес, чын дүйнөдө болмок болду. Атамды сага табыштадым, сени кудайга табыштадым, аман-эсен эл-журтка жеткирип кой”—дептир. Ошол сабатар жигит Сасык ажыны Меккеден Жер-Үйдөгү үйүнө чейин коштоп алып келген дешет.


                           АЛМАТАЙ АЖЫ КЕНЕЙ УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Алматай Кеней уулунун ысымы өз мезгилинде Көл аймагынан сырткары далай элдерге чейин белгилүү болгон. Ал калыстыгы жана даанышман-олуялыгы аркылуу алыс – жакынга таанымал болуп, эл билген, журт билген билермандардын арасында зор кадыр-барк күтүп, сый-урматка ээ болгон экен. Алматай ажы 13 жашар тестиер курагында эле киши колдуу болуп өлгөн атасынын кунун өндүрөбүз, өндүрбөйбүз дешип жалпы кыдык бөлүнүп-жарылып турганда “өлгөн да өз атам, өлтүргөн да өз атам, бир атанын балдарыбыз, кун төлөйбүз деп беккулу болгон жери тентип кетеби” деп Боромбай султан баш болгон билермандарды эл биримдигин сактап калууга үндөгөн аракети менен кыдык эле эмес, бүтүндөй бугуга кенедейинен эле таанымал болуп, аты алыска угулган. Жаш баланын кек сактабаган, элдин эртеңкисин ойлогон орундуу кебине ыраазы болгон кыраакы Боромбай аны сүйкүмдүү бешенесинен, турган турпатынын өзгөчөлүгүнөн бир көргөндө эле жактырып калыптыр.

      Ошол Чычканда жаназага жыйналып келген элдин алдында Боромбай султандын ыкыласы менен суксур Абдыраман аба Кенейдин өлүмүн кунсуз деп жарыялап, натыйжада беккулу менен майназар тукумдарын эле эмес, жалпы кыдыктын ынтымагына доо кетпей эл биримдиги сакталып калган деп санжырачылар айтып жүрүшөт.

      Тестиер Алматайдын акылынын тереңдигине ыраазы болгон Боромбай султан: -“Баракелде балам! Тукуму сен болсоң Кеней өлгөн эмес турбайбы, келечекте элиңди башкара турган уул экениң билинип калды”—дегенде, калың эл Алматайга “өмүрүң узун болсун, эл-журтуңдун башында турган азамат бол”-деп ак бата берген экен. Ошондон кийин Канай баатыр да Алматайдын кечиримдүүлүгүнө ыраазы болуп, өмүрү өткөнчө анын тилинен чыкпай жүргөн дешет. Жалпы беккулу тукумдары да Алматайды эл башчысы, журт башчысы деп таанып, ага баш ийишкен.

      Биз кеп кылып жаткан Алматай Кеней уулу 1834-жылы Жети-Өгүздүн Чычкан чөлкөмүндө кыдык ичиндеги майназардын аттуу-баштууларынын бири Кеней Курман уулунун үй-бүлөсүндө туулган. Эркектен эки бир тууган болгон, улуусу Алматай, кичүүсү Маалы. Ортосундагы айырма 4 жаш экен.

      Экөө үйлүү-жайлуу болуп, бирок Алматай балалуу боло электе, 1855 – жылы иниси Маалы уул көрүп, аны Алматай асырап алыптыр. Алматай бул уулуна Сооронбай деген ысым бериптир. Ушул уулунан кийин Сагынбай, Абдылда, Кайбылда, Аалы, Алымкул деген балдарды көрөт.

      Атасынан эрте ажыраган Алматай 14-15 жашында эле эл аралап, Кенейдин ордун жоктотпой бир атанын балдарына баш-көз болуп, салабаттуу жүрүм-туруму, орундуу сүйлөгөн сөзү менен элге алынып, адилеттүүлүгү жана калыстыгы менен уруулаштар арасында жаш болсо да аброй күтө баштаган экен. Ал 1860-жылы 26 жашында Меккеге ажылыкка барып келип, калың элге Алматай ажы деген ат менен белгилүү болот.

      Кыдыктын таасирдүү адамдарынын бири айтылуу Самсалы бийге ат кошчу болуп жүрүп, уруу башчысы Борсук бий, Илепес, Абдыраман, Үрүс, Козбала, Карбоз, Түмөнбай, Борко, Мүсүралы, Орозон, Обонбай, Жамгырчы, Кыдыралы жана башка улуу-кичүү, тең чамалаш уруу билермандары менен далай дубандык курултайларга жана топ-жыйындарга катышкан.Кийин өзү да ушундай жыйындарда кыдык уруусунун өкүлдөрүнүн башында болуп, эл тагдырына байланыштуу далай маселелерди чечүүгө катышкан. Табиятынан эле касиеттүү сапаттарга ээ болгонуна карабастан, ал башкалардын акылын, кеп-кеңештерин да угуп, андай адамдарды сыйлап, урматтай билген. Алматай суксур Абдыраман абаны устатым деп эсептеп, ал киши менен акылдаш, сырдаш болуп, көзү өткөнчө ал кишини туу тутуп жүргөн экен.

      Абдыраман да өз кезегинде Алматайдын мыкты сапаттарын алдын-ала көрө билип, “Алматайдын өзү да, пейили да, ниети да апакай, булак суусундай таза адам, аны бапестеп, сактап алышыбыз керек” деп айтчу экен. Чачырап-чачылып кеткен Кыдык уруусун чогултуп, Тоң жергесине көчүрүп келген тарыхый окуяга түздөн-түз катышып, айыл-айыл кылып жайгаштырып, жер бөлүштүрүүдө Атакандын жанында жүрүп, өздү өз дебей, өзгөнү жат дебей калыстыгын көрсөткөн.

      Ошол кездеги көчмөндүү доордун оош-кыйыштуу кыйын кезеңдеринде тагдырдын башка салган оор жүгүн мойнуна көтөрүп, ар кандай себептер менен өз элинен, өз жеринен кетүүгө аргасыз болуп, эптеп күн кечирүүгө ыңгайлуу жагдай издеген ондогон адамдарга колун сунуп, бооруна тарткан кайрымдуу адамдардан деп кыдык болгон жеринде эки адамды бөлүп көрсөтсөк болот. Алардын бири жакшылык уругунан Борбу бай болсо, экинчиси торгой уругунан Алматай ажы. Алматайдын даңкын алыстан угуп, анын кең пейил, боорукер адам экенинен кабары бар бей-бечаралар караан тутуп келишкен. Айрымдары өз башын ала качып, бой келишсе, айрымдары үй-бүлөлөрү менен келип баш калкалашкан. Алматай аларды торгой уругунун ичине батырып алып, үйлөнтүп-жайлантып түтүнгө кошуп, энчи бөлүп берип, ал тургай жалпы кыдыкка кеңешип туруп, жайлай турган жайлоосуна, кыштай турган кыштоосуна чейин аныктап берген экен. Мына ушундай адил аракеттин аркасы менен кытай, моңолдор урууларынын, сарыбагыштан келген чечейлердин, таздардын өкүлдөрү, ал тургай теги калмак болгон үй-бүлөлөр торгойлор менен аралашып, уул үйлөп, кыз берип, куда-сөөк болуп турушса, айрымдары тең ата тууган катары ынтымакташып кетишкен.

      Алматай ажы көпчүлүк учурларда кыдыктын аттуу-баштуу билермандары менен эл аралап, айыл-айылдарда болуп турчу экен. Ошондуктан, элдин жашоо-шартын, ал-абалын жакшы билип, айрымдарынын кем-карчына, жок-житигине чейин кызыгып, керек болгондо тигил же, бул айылдын колунда бар байгер адамдарына малдан, эгин-тегинден жардам кылууну табыштачу экен.

      Санжырада Алматайдын олуялык касиеттери тууралу бир топ эле айтылып жүрөт. Ошолордун бири—Ысагалынын төрөлүшү жөнүндөгү уламыш. Анда мындай деп айтылат:

      Алматай түш көрөт.Түшүндө Маалынын үйүндө жолборс күчүктөп жатыптыр. Эртең менен чайда отуруп түшүн байбичесине айтып жатып, “Маалы эркек балалуу болду окшойт, сүйүнчү айтып киши келе турган болуп калды” дептир. Айтканындай эле Маалы сүйүнчү айттырып киши чаптырган экен. Балага Ысагалы деген ысым коюлуптур. Баланы бешикке салган күнү Алматай байбичесине:

      -Бул бала бекер бала эмес, колдоочусу жолборс болот. Тартуу-тартмегиңди камда, Маалыдан баланы сурап алалы,-дептир. Байбиче куржундун эки көзүн тартуу-тартмекке толтуруп, экөө Маалынын үйүнө келишет. Үйдө бала бөлөнгөн бешиктин жанында жолборстун күчүгү башын колтугуна катып уктап жаткан экен. Бул көрүнүштү Алматайдан башка эч ким байкаган эмес. Агасынын өтүнүчү менен Маалы бул уулун да Сооронбай сыяктуу эле Алматайдын колуна берет. Сооронбай ал кезде 14-15ке келип, эл көзүнө көрүнүп калган. Ысагалынын туулган жылын болжол менен 1870-жыл деп жүрүшөт.

      Кайсы бир жылдары Маалы Кулгунанын оозунда кыштап туруптур. Бир күнү түн ортосунда Маалынын короосундагы койдон бир иригин уурдап кетиптир. Эртең менен эрте кепичин жылаңаяк бутуна илип алып, көйнөк-дамбалдын сыртынан чепкенин кийип, тебетейи жок топучан болуп, атын жайдак минген бойдон Алматайдыкына келиптир. Жаңыдан уй саап бүтүп үйүнө келаткан жеңесине:

      -Чакырчы тиги эриңди,-деп бакырып сала бериптир. Алматай чепкенин желбегей жамынып, үйүнөн чыга келип салам айтса, алик албай:

      -Түндө короомдон бир ирик уурдаттым. Сени олуя эле дешет, олуялыгың чын болсо жогумду таап бер,-деп кандай шашып келсе, ошондой шашкан бойдон чаап кетиптир. Алматай инисинин бул жоругуна терикпей, ууртунан жылмайып бир саамга артынан карап туруптур. Чай-чамегин ичкенден кийин ат кошчусу Табылды уулу Казакка:

      -Атты токучу, тиги Маалынын бир иши чыгып калыптыр, чогуу аттаналы, -дептир.

      Экөө суу жээктей төмөн карай бастырып, күн чоң шашкеден өтүп калган маалда тоо этектей жүрүп отурушат. Жаманактын жалгыз жаңгагынын тушуна келгенде тээ Бүркүттүн оюндагы калың өскөн чийден суурулуп чыккан эки атчандын карааны көрүндү. Алматай ат үстүнөн колун серепчилей карап туруп:

      -Казак, бол бачым, тэтигилерге жетип барып, мага алып келе кал,--дейт. Казак чаап жетип келгиче эки атчан капчыгайды өрдөп, Бүркүт уяга чукулдап калган экен. Кыйкырып чаап келаткан Казакты көрүп, аттын тизгинин тартып туруп калышат. Алар Кулжыгач менен Кайкы экен.

      -Ажым чакырып жатат, мени менен бастыргыла,-деген Казактын артынан ээрчий бастырган экөө бир нерседен кыжаалат болгонсуп, бири-бирин карап айласы кетип калгандай. Алматай ажы баягы бойдон эле жаңгактын тушунда ат үстүндө экен. Үчөө чукул бастырып келишип, бир бута атым аралык калганда Кулжыгач менен Кайкы аттарынан түшүп, тизгинди бош таштап:

      -Бизди кудай уруп салды ажым. Эмне кылам десеңиз өзүңүз билиңиз- дешип камчыларын моюндарына салып бүжүрөп келип туруп калышты.

      -Маалынын бир иригин алып коюптурсуңар, ордуна бир борук таап берип, шилекей кайтты кылып койгула,-деп Алматай ажы ат үстүнөн бүтүм чыгарган экен. Экөө бирөөнөн бир борук карызга сурап алышып Маалыга алып келишсе, ал ачууланып албай болушка арызданыптыр. Ошол кезде болуш Маалынын өзүнүн уулу Илебай экен. Болуштун катчысы жалгап Ашыракман молдо экен.Илебай болуш Ашыракманга бири ирик үчүн “үч төлө” айып кес деп буйрук кылыптыр. “Үч төлө” дегени бир ирик үчүн үч ирик төлөсүн деген мааниде экен. Ушул буйрук менен бүтүм жазылып, мөөр басылат.

      Аргасы түгөнгөн Кулжыгач менен Кайкы Алматайга келишет. Алматай экөөнү ээрчитип алып, Илебайдын үйүнө келип:

      -Үч төлө деген бүтүмүңдү көрсөтчү,--дегенде Ашыракман молдо бүтүмдү окуп берген экен Ошондо:

      -Келе, берчи алдагы кагазыңды,-деп Алматай кагазды алып, ал жердегилердин көзүнчө айрып ыргытып жибериптир. Ашыракман молдо:

      -Бул эмне кылганыңыз, жарыктык,-дегенде:

      -Менин чечимиме бүкүр болуш эмес, дубан да каршы болчу эмес,- деп бастырып кетиптир. Иниси Маалы Алматайдын бул кылыгына нааразыланганда:

      -Андай эле Илебай экөөңөр адам болсоңор Кулжыгач менен Кайкыга өзүңөр билип эле козу корподон берип койсоңор ууру кылышпайт эле да, “жоктун жону катуу” дегенди билбейсиңерби,-деп иниси Маалыны уяткарган экен.

      Күндөрдүн биринде Алматай бир топ адамдар менен келип курман Атагулдун Кобурунукуна түшүп, тамак ичип алып аттанып кетишет. Жолдо чогуу келаткан Түлөберди уулу Абдыга:

      -Абыкеге айтып кой, 3-4- күн эч ким менен урушпасын, бир адамдын каны турат, -дептир. Кобур уулу Абыке Абдынын кайнагасы болот экен. Алматайдын укканын Абыке укканбы же уккан эмеспи, укса да маани берген эмеспи, кырманда эгин сапырып жатып Ураңкай деген киши менен чатакташа кетип, жыгач күрөк менен башка чаап жиберсе, ал ошол жерде мүрт кетиптир.

      Кайсы бир жылдары күздүн күнү жалгап Ниязбек уулу Үрүстүн балдары мурунку күнү эле Сырттан Көк-Булакка ашып келген Алматайдын жылкысынан бир бээ уурдап союп алышат экен. малдын уурдалып союлганынан кабары жок Үрүс Алматайды конокко чакырат.Эт бышып астыга келгенде Алматай эттен ооз тийбей дасторкон четиндегилерди “жүргүлө, кеттик” деп аттанып кетишет. Жолдо чогуу келаткандардын бири:

      -Ажым, бышкан тамакты эмнеге ооз тийбей таштап кеттик?—деп суроо узатыптыр. Алматай:

      -Менин бээмди уурдап союп алышкан турбайбы, Уурдалган малдын эти арам эмеспи,--дептир.

      Санжырада ушул таризде дагы бир окуя айтылып жүрөт. Каракөйнөктүн ичинен шоңко Шүкүркандын Боркөтөнү менен Алматай теңтуш жүргөн кишилерден экен. Алматай: -“Далай эле төрүмдө отуруп сый көрүп жүрөсүң, эшик-төрүңдү көрсөтүп, даам ооз тийгизсең боло”,--деп тамашалап калчу экен. Алматайдын сөзүнөн кутулайын, мындан кийин тамаша сөзүн коюп жүрсүн деп Боркөтөн сый тамакка Алматайды чакырыптыр. Конокторго деп жараган семиз ирик сойдуруптур. Ошол күнү кечинде Боркөтөндүн койлоруна кошулуп, чоочун борук короого кириптир, аны да ирикке кошуп сойдуруп салат. Казан асылып жатканда ириктин бир жилигин алдырып коюп,ордуна боруктун бир жилигин коштуруп, ириктин калган этин чып-чыргасын коротпой салдырган экен. Алматай жалгыз жүрмөк беле, 5-6 киши менен келиптир. Жакшылап бышырылган, килкилдеген семиз этке толо табак алдыга келип, устукандар бөлүштүрүлгөндөн кийин Алматай алдындагы эттен ооз тийбей, макисин бүктөп, майлык сураган экен. Боркөтөн:

      - Ой, Алматай, сага эмне болду, тамактан албайсыңбы, бул эмне кылганың,--дегенде:

      - Этиң арам болуп калыптыр, кантип ооз тиймек элем,--деп макисин чөнтөгүнө салыптыр. Ошондо Боркөтөн:

      -Алдыңа табак тартып, сый көрсөтүп жатсам адал тамагымды арам дейсиң. Бул кордугуңа чыдай албайм, жебесең үйүмдөн чыгып кет,--деп ачуусуна чыдабай жарылып кетиптир. Алматай унчукпай ордунан турганда, калгандары да эттен бир кесип оозуна салганга жарабай, кошо аттанып кетишкен экен.

      “Бышылуу тамактын күйүтү жаман” демекчи, жанаша бастырып келаткан алдаке Карбоздун Жамгырчысы :

      -Ажым, бекер кылбадыңызбы, Боркөтөн жетиналбай сый тамагын алдыга коюп жатса, табакка кол салмак тургай четинен кесип ооз тийбей койдуңуз. Бизди да кур жалак калтырдыңыз,-дегенде башкалары да Жамгырчыны колдоп:

      -Боркөтөндүн шагы катуу сынып калбадыбы,-дешип Алматайды жемеге алышыптыр. Ошондо Алматай:

      -Биз ушул жерде күтө туралы, Казак сен барып Боркөтөндүн үйүн байкап, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын тыңшап, угуп келчи,-деп аткошчусун жумшаган экен. Түн кирип калган маал экен.Эч кимге байкалбай Боркөтөндүн үйүнө келип тыңшап турса, байбичеси:

      -Пейилиң бузулган абышка, бир жиликти алып калбай эле толук салдырсаң эмне болот элең. Тиги боруктун жилигин билип койбодубу, Короого кирген бирөөнүн малын союп алганың арамдык эмей эмине,-деп урушуп жатыптыр. Казак кайра тартып тигилерге укканын айтып келет. Ошондо Алматай:

      -Кечинде Боркөтөндүкүнө барайын деп аттанып жатсам үйдөгүлөр бир борук келбей калды деп жатышты эле. Ошол боругумду Боркөтөн союп алган турбайбы. Астыңарга коюлган устукандарды карабайсыңарбы, жиликтердин бири ириктики эмес боруктуку экени көрүнүп турбадыбы,-дептир. Алматайдын олуялык касиеттерин мурдатан эле билишкен тигилер анын сезгич, баамчыл жана кыраакы адам экендигине дагы бир ирет өз көздөрү менен күбө болушуп тарап кетишкен экен.

      Дагы бир күнү жоон топ атчан Кызыл-Уч тараптан келатышыптыр, арасында Алматай да бар экен. Кечмеликке келгенде Алматай:-“Кайра тарткыла, сууда адамдын каны бар экен”-дептир. Ал аңгыча суу бойлоп бир жигит чаап келатып, өйдөкү айылда бирөөнүн жаш баласы тегирмендин ноосуна түшүп кетип каза болгонун, өзү чабаганга баратканын айтып өтүптүр.

      Дөөлөттүү, барктуу, сый-урматтуу жүргөн менен Алматай ажы күтүрөтүп мал күтпөй, ашыкча дүнүйө -мүлк жыйбай, өзүнө жетээрлик оокаты менен жупуну жана жөнөкөй күн кечирген адам экен. Кеней тукумунан болуш, бийлер чыкты, инисинин да, өзүнүн да балдары кыдык ичинде эле эмес, андан тышкаркы жерлерге чейин белгилүү адамдардан болушту. Ошолордун баарысын тең адалдык менен адилдикке үндөп, бирөөгө кара санабай, бирөөнүн эмгегин жебей, маңдайыңа жазылган ырыскың менен эл ичинде, элден айырмаланбай жаша деп үйрөткөн экен. Берешендикке, боорукерликке үндөп, колуңдан келсе башкалардан жардамыңды аяба деп көп айтчу экен. Өзү да мындайда үлгү болуп, берешен жана жоомарт адам катары белгилүү болгон.

      Жакшылык Түмөнбай атасы Илепес байдын ашын берип, ат чаптырат. Ат чабышта Алматайдын күлүгү чыгып келип, байгеге коюлган 500 койду утуп алат. Алматай чабандес балага бир кой берип, калганын жалпы торгой тукумуна таратып берген дешет.

      Алагөз-Кабанын Ботугурунан чыккан айтылуу Баатыркан Ырайымбек уулу атасы менен уялаш Байбекке дүңгүрөтө аш берген экен. Аш Кара-Коо менен Ак-Теректин ортосундагы Айдайгак деген жерде өтүп, аштын жарчысы атактуу Карамырза деген ырчы болгон экен. Байбектин ашы 1901-жылы өткөрүлүп, санжырачылардын айтымында кыргыздын оң-солу менен ичкилигинен ошондой эле, Жети-Суу казактарынан да калың эл чакырылып, ошол мезгилдеги эң көрүнүктүү аштардын бири болгон дешет. Ашка мыктылап даярдык көрүлүп, Айдайгактын өндүрүнө жүздөгөн үйлөр тигилип, жалпы алагөз-каба болгон жери конок кабыл алыптыр. Ашка жарчылык кылган Карамырза ырчы аш башталганда:

      -Байбек байдын ашы бар,
      тогуз миң дилде башы бар.
      Аш бергени Баатыркан,
      башкарганы Маамыткан,

      --деп дагы далайды айтып ырдап турган экен.

      Алагөз Сыдык деген айылдык жамакчы-ырчы жигит алдыда боло турган аш жөнүндө:

      -Биздин жайды сурасаң,
      Көл аягын чек кылган,
      көңкү кыргыз кеп кылган.
      Кетиркейдин Баатыркан,
      Байбек байга аш берет,
      баары-жокко баш берет.
      Калдайдып тартат казыны,
      килтейтип тартат куйрукту,
      ийрейтип тартат чучукту,

      -деп ырдаганы тууралу эл ичинде айтылып жүрөт.

      Башка тигилген үйлөр сыяктуу эле кыдыктан келчү меймандарга деп тигилген чоң өргөөнүн ичине кооз алакийиз, шырдактар салынып, төргө аюу талпак төшөлүп, катар-катар куш жаздыктар коюлган экен. Ушул үйдүн жанында алагөз Борсол уулу Көкөн деген адам кооз кийинип, нары-бери басып турган экен. Алматайдын уулу Сагынбай келип салам айтса алик алып Көкөн:

      -Алматайда түзүк тукум жок окшойт, сен уулу болсоң жакшы кийим кийгизип, жакшы ат мингизип бакпайсыңбы,-дептир.Анда Сагынбай:

      -Жакшы эле камкордук кылып жатабыз, атам кооздонуп кийим кийбейт, мыкты ат мингенди да жактырбайт,-деп тайсалдап басып кетиптир.

      Ушул атайы тигилген өргөөгө кыдыктын жакшылары келип киришет экен. Төрдөгү салынган аюу талпакка алардын эч кимиси батынып отурган эмес экен, бир гана Алматай шашпай төргө өтүп барып, аюу талпактын үстүнө жайланышып малдаш урунган экен. Алагөз-кабанын жакшылары учурашып, кирип-чыгып жатышыптыр, алар менен Көкөн да кирип, отургандар менен кол алышып Алматайга келгенде ал киши жүзүн тетири буруп, бир эле колун сунуп коюптур. Маңдайында өтүп бараткан Көкөнгө:

      - Ие,Көкөн, бери мени карачы, бул айбандын терисине кооз кийим отурдубу же сыйлуу киши отурдубу, --дептир. Ошондо отургандардын каткырыгына чыдабай, катуу уят болгон Көкөн үйдөн чыкканча шашкан экен.”Көкөн кол сунуп келгенде эмне түзүк учурашпай койдуңуз” -деп сурагандарга Алматай ажы:-“Көкөн аял сымал бир күндө үч которунуп кийинген зайпана киши турбайбы, Ошондой киши менен кантип эки колдоп учурашам, -деп жооп бериптир.

      Жогорудагы окуядан кийин Алматайдын уулу Алымкул атайын Караколдун базарына барып, жараган жорго сатып алып атасына тартуулап келген экен. Уулунун тартуусуна ыраазы экенин билдирип, бирок жоргону алуудан баш тартыптыр. “Чайпалып жорго минчү курактан өтүп кеттим, эми мага жорго жарашмак беле. Анын үстүнө жоргонун тизгинин тарткыдай каруу-күчүм деле калган жок. Мындай келишкен жорго сага жарашат балам” -деп уулунун белегин кайра өзүнө сунуштаган экен.

      Баса, Байбектин ашында ат чабышта Саке ажынын күлүгү чыгып келиптир. 5 миң дилде өлчөмүндөгү орус акчасы менен Саке ажы байгенин ээси болот. Ошондо ашка барган кыдыктар “байгеден үлөштүрүп ыраазы кылбайсыңбы” дешкенде Саке ажы 25 сом көрсөтүп, “ушуга ыраазы болгула, башка бербеймин” дептир. 25 сом жетмей беле деп кыдыктар нааразы болуп турушканда суксур Супатай уулу Жайнак -“Силер нааразы болсоңор, мен ыраазы эле болуп турам” - деп ат үстүнөн Сакенин колундагы акчаны алып кетиптир. Ошол кездин өлчөмү менен бир койдун баасы бир сом болуп турганда Жайнак ыраазы болбогондо ким ыраазы болот эле.

      Уулу Ысагалы эл бийлеп, кыдыкты башкарып турганда “андан-мындан алып коюп жатат” деген кеп-сөздөрдү кулагы чалып калган Алматай:-“Сен алперез, минтип отурсаң элди тукулжуратып жибересиң го. Сага Кенейдин эле малы жетет, башкалардан жегениңди токтот”-дечү экен. Атасынын үйүнө ат тезегин кургатпай байма-бай келип турчу Ысагалы кийинки убактарда көп келбей кала турган болуптур. Буга кыжаалат болгон Алматай бир күнү атайы аттанып, Ысагалыныкына келет. Ысагалы үйүндө жок, 1-2 күндүк жумуш менен желдең Байгазы болуштукуна кетиптир.

      Келини Маркатай кайнатасын үйгө киргизип, тамак-ашын алдына коёт. Даам сызып жаткан убакта Алматай үйдүн ичине көз жиберип жакшылап карап отурду. Атлас, шайы, тукаба жууркандар тиреле жыйылып, куш жаздыктар тизилип, кымбат баалуу аң терилер илинип, керегенин баштарынан бош жери калбай калыптыр. Кыраакы Алматай иш жагдайын дароо түшүндү. “Дүнүйө-мүлккө азгырылып, алперезимдин көзүн май басып калган турбайбы. Бул азгырык ата-эненин баркынан да бийик болуп бараткан экен” деп ичинен кейиген Алматай:--“Ысагалы келсе, мага барсынчы, айта турган кеп, бүтүрө турган иш бар эле,”-деп келинине табыштап, ичиндегисин сыртка чыгарбай аттанып кетти.

      Арадан бир күн өтүп, күн шашкеден өтүп калган убакта Ысагалы алдыда, Убалий менен Эшимбек артта жанаша бастырып келатышкан экен. кантсе да Ысагалы бүгүн келбей койбойт деп жол карап сыртта жүргөн Алматайдын көзүнө адаттагыдан башкача көрүнүш тартылды. Демейде Ысагалынын алдында желе жорто жүрчү жолборс бул жолу үч атчандын артында башын жерге салып басар-басмаксан болуп келаткан экен. Бул жолборс Ысагалы төрөлгөндөн бери Алматайга гана көрүнчү экен. Ысагалы атасы менен кучакташып көрүшүп, аны коштоп келген тиги экөө да салам айтып, ал-жай сурашкандан кийин чогуусу менен үйгө киришти. Дасторкон четинде отурушканда Алматай уулуна:

      -Ээ, алперезим, сени чакырткан себебим, тиги Баатыркан досуңа барып келели, сенин аркаң менен короосун көрүп, ал-абалын сурап кайтайын,-дегенде Ысагалы:

      -Макул ата, барса барып келели,-деп дароо макул болду Ошол эле күнү Убалийди Жер-Үйгө жиберип, суксур Кадырдын Ыманын алдырды. Ыман этти кыйын жеген киши экен, мелдешип бир койдун этин бир отурганда эле жеп койгон учурлары эл ичинде кеңири белгилүү экен. Алматайдын Баатыркандыкына барышынын өзүнчө бир себеби бар эле. Анткени, Баатыркан Кочкор, Семиз-Бел, Туура-Суудан мал уурдатып анысын Ысагалыга айдатып берип, Ысагалы болсо көл кылаасынан Чычкан, Даркандан бери, Сырт бетинен Арчалы, Жылаңачтан бери мал уурдатып Баатырканга киргизип берип, изин суутуп жүрүшкөндүгү кыңыр иш болсо да билинип, имиш-имиштер эл аралай баштаган эле.

      Баатыркандын чоң көк кочкору бар экен.”Ушул көк кочкор короомо келгени береке кирип, мал-жандуу боло баштадым”- деп шойком иштерин жашырууга аракет кылып, шек алдырчу эмес экен. “Кыйытып айтсаң кылыгын коёр” дегендей Баатыркан менен Ысагалынын мындай кыңыр иштерин койдуруу үчүн Алматай жылмасынан аракет кылмак болуптур.

      Кечкурун Алматай, Обонбай, Ысагалы, Сооронбай, Осек жана Ыман болуп Баатыркандын айылына келишет. Баатыркан аларды жетиналбай тосуп алып:

      -Ажым келип калыптыр, тай кармап сойгула,-дегенде Алматай:

      -Чакан эле кишибиз, тай артыкбаштык кылат го, андан көрө корооңдөн көк кочкор көрдүм, ошону эле сой,--дептир. Айла жок, Баатыркан көк кочкорду сойдуруп, келгендерге жакшылап сый көрсөтүп, конок кылыптыр. Кенен чоң чарага толугу менен тартылып келген кочкордун этин тойгончо жешкенден кийин калганын чаранын түбүн көргөзө Ыман жеп, чыгын аякка толтура куюп түгөтө ичип койгон экен. Колго суу куюлуп, келгендер конок каадасы кылаар маалда Ымандын ынтыгып чыдабай баратканын көргөн Алматай чөнтөгүн кагып:

      -Ата, катүгүн айе, мындай тамактан кийин бир чымчым насыбай атып алчу элем, антпесем жата албайм го. Чакчам жанагы суунун жээгинде намаз окуган жерде калып калган турбайбы, тур Ыман, барып алып келе гой,--дептир. Араң отурган Ыман сыртка чыга жөнөгөн экен. Ошол бойдон жоголуп кетип, “чакчаңыз жок, издеп таппай койдум” деп эртең менен келиптир. Алматай: Ээ, жоголсо бир эле чакча турбайбы, эч нерсе болбойт” деп шек алдырбаптыр. Конокторун узатып чыгып Баатыркан:

      -Эми жакшы барыңыз ажым,-дегенде ээрге жаңы эле отурган Алматай:

      -Өзүң да жакшы кал, баатыр. Көк кочкорду жеп алдык, эми корооң кантээр экен, -деп Баатырканга карап ууртунан жылмайып, жанындагы Ысагалыга:

      -Алперез, сенин короондо да көк кочкор бар беле,--дегенде Баатыркан да, Ысагалы да үн чыгарып сөз айта албай калышыптыр.Ошентип Алматай арам оокатка азгырылып бараткан экөөнүн уурулугун койдурган экен.

      “Аккан арыктан суу агат” дегендей, Алматай ажынын балдары да элге таанымал, Кыдык ичинде төбөсү көрүнгөн инсандардан болушкан. Тондуу уулу Сооронбай айтылуу Тилекмат акенин небереси Ачакейдин кызына үйлөнөт. Сооронбай бара-бара эл оозуна алынып, кадыр-барк күтүп, болуштарга, байларга кошулуп, уезд борбору Караколго байма-бай каттап, ал тургай Жети-Суу областынын борбору Верныйга (Алматыга) чейин барып, орус бийлигинин аткаминерлери менен алака түзүп турган. Алматай ажынын жана Сооронбайдын аракети менен 1890-жылдагы болуштук шайлоодо Маалынын уулу Илебай болуш башкаруучусу болуп шайланат.

      Сооронбай Кочкордон Ишеналы Арабаев деген жетим баланы алып келип асырап алган. Өзү сабатсыз болгон менен балдарын окутуп, билимдүү кылганга аракет кылган. 1900-жылы Түптө орус-тузем мектеби ачылганда Сооронбай 14 жаштагы Кабыл, 12 жаштагы Муса деген балдарын, аларга кошуп Ишеналыны да мектепке киргизип, балдардын окууга кеткен чыгымдарын толук бойдон өзү көтөргөн.

      1909-жылы Чоң Кеминде Шабдан Жантай уулу жаңы усулда сабак өткөрө турган “Медресе Шабданийаны” ачкандан кийин Ысагалы да ушундай мектеп ачууну көздөйт. 1910-жылы Кабыл Сооронбаев, Муса Сооронбаев жана Ишеналы Арабаев орус-тузем мектебин бүтүрүп келишкенден кийин Муса окуусун андан ары улантуу үчүн Верныйга, Ишеналы болсо Казань шаарына жөнөтүлгөн. Ал эми Кабыл орус тилин жакшы билгендиктен, Пржевальск уездинин башчысынын канцеляриясында котормочу болуп иштеп калат. Ушул жерде иштеп жүрүп, уезд атка минерлеринин биринин кызына үйлөнөт. Ошентип Алматай ажы жана анын уулдары орус менен куда-сөөк болуп, мунун аркасы менен Ысагалынын жергиликтүү орус бийлиги менен андан ары кызматташуусуна ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.

      1914-жылы Муса Сооронбаев дагы, Ишеналы Арабаев дагы окууларын ийгиликтүү бүтүрүп келишет. Ишеналы адегенде Казандагы “Кусейин медресесинде”, андан кийин Уфадагы “Галия” медресесинде окуган экен. Бул арада ал 1911-жылы Казанда Молдо Кылычтын “Зилзала” поэмасын, 1912-жылы Оренбургда өзүнүн “Таза жазуунун үлгүлөрү” деген китебин чыгарууга үлгүргөн экен. Эми Ысагалы көптөн күткөн тилегин ишке ашырууга киришти. Ал агасы Сооронбайдын, иниси Илебайдын көмөгү менен Туура-Суудагы Илебай болуштун үйүндө жаңы тартип окуусунун (“Жадид”) негизинде билим бере турган мектеп ачтырат. Бул мектеп “Курманийа мектеби” деп аталып, мында диний окутуудан тышкары адабият, тарых, арифметика, табият таануу (жарафия) сабактары окутулган. Тоң өрөөнүндөгү алгачкы ачылган бул мектепте Ишеналы Арабаев менен Муса Сооронбаев тегерек чекедеги айылдардан балдарды чогултуп келишип, окута башташкан. Ысагалы иниси Кайбылданын Калыйча деген кызын Ишеналыга турмушка берип, экөөнүн никесин кыйдырган экен. Ошентип Ишеналы Арабаев кеней уулуна күйөө бала болуп калган.

      Санжырачылар Алматай менен Обонбай тууралу дагы бир окуяны айтып жүрүшөт. Үркүндөн мурдагы жылдары айтылуу Көкөтөй чечен сынамакка атайылап астына чобур ат минип, үстүнө куур тон кийип, башында малакайы, бутунда эски чокойу менен Ысагалыныкына келет экен. Келсе, дөбөт арсылдап үрүп, аны кой деген да, ат алган да киши жок, демейде жүгүрүп тосуп, аттан түшүрүп, эшик ачып үйгө киргизчү малайы көрмөксөн болуп басып кетиптир. Үйгө кирип келген Көкөтөйдү жактырбай мурдун чүйрүп, соорусун чайкап Маркатай байбиче сыртка чыгып кеткен экен. “Булардын сыры эми белгилүү болду, жакшы ат минип, жакшы кийинип келсең жалпактап тосуп, жайдары төргө өткөрүшчү тура. Үйгө кембагал келсе булар аны киши дечүдөй эмес экен да. Булардын айласын бир кетирип көрөйүн”-деп Көкөтөй жаман чокой менен төргө өтүп барып аюу талпактын үстүнө мандаш урунду. Ушуну эле күтүп тургансып, малай кирип келип босогого тура калыптыр. Керегеде комуз илинип турган экен, келе тиги комузду дегенде малай аны алып бере койду. Көкөтөй комузду анча-мынча кыңгыратып койчу экен, бул жолу шартылдата чертип, комуздун капкагын койгулап киргенде малай шып этип Көкөтөйдүн жанына отура калып, маашырлана оозун жалжайтып:--“Ии, дагы черте түш, абышка”-деп улам-улам обдулуп коёт дейт. Ошондо ачуусу келген Көкөтөй:, --“Эмне жетине калгансып жалжактайсың? Эрте жазда бычылган тай торпок тумшуктанып таңырайган атаңдын оозуга чайын, чык эшикке! Алматайдын кара оозун таап кел мага, тезирээк”,--деп бакылдаганда чочуп кеткен малай үйдөн атып чыккан экен. “Бир жаман абышка келип алып эле “кара оозду” таап кел деп бакырып жатат” дегенди угаары менен эле Ысагалы жоро-бозодогу жолдошторун калтырып, “Көкөм келип калган турбайбы” деп шаша жөнөптүр. Анткени, Ысагалыны бир гана Көкөтөй “кара ооз” деп атачу экен. Ысагалы салам айтып кирип келгенде “катынга да, малайга да тунган экенсиң, ат алып, эшик ачкан киши жок. Катының көчүк чайкап чыгып кетсе, малайың төр талашып жаныма отурат. Катыныңды да, малайыңды да жогот. Мен сага аян Байзактын кызын калыңсыз эле алып берем,--деп Көкөтөй бакылдап жатат дейт. “Ой, айланайын Көкө, кечирип кой бул кудай ургандарды”,--деп Ысагалы асты-үстүнө түшүп жалынып жатса да болбой, ансайын күүлөнүп кириптир. малайынан дайын жок, эчак эле көздөн далдоо болуп жоголуп кетиптир. Маркатай байбиче үйдөн чыккан бойдон коңшу тигилген үйдү айланчыктап, кирерге тешик таппай айласы кетип калган экен. Көкөтөйдү тыя албай айласы кеткен Ысагалы атасын чакыртып жиберип, качан гана Алматай келип кой-ай дегенде гана Көкөтөй “оюнун” токтотуптур.

      Ошондон көп өтпөй Көкөтөй “айтканым жерде калбасын, оозумдан чыккан сөзүмдү орундатайын деген аракет менен атайы Нарынга барып, Ысагалыга аян Байзактын кызынын колун сураган экен. Калыңын алдын ала алып коюп, кыздын башы бош эмес, кайындаган жерине узатууга даярдык көрүлүп жаткандыктан Көкөтөйдүн жолу болбоду. Акыры Кичи-Кеминдин Боролдоюнан Шааке манаптын Зуура деген кызын калыңсыз алып берип, Көкөтөйдүн жаны тынды. Кийин калың төлөй албай койду деген жаман аттыга калам деп чочулаган Ысагалы кайын-журтуна 100 төө берем деп айттырып, көкүмдөрдүн төөлөрүнөн айдатып барып берет. Төө жоготкон көкүмдөр издеп жүрүшүп, жогун Шаакенин айылынан таап алышат. Калыңга деген төөлөрдүн уурдалып келгенин билген кайындары чыр чыгарып, “кызыбыздын башын ачып кайтарып бергиле, Ысагалыны айыпка жыккыла” дешип дубандык жыйынга арыз менен кайрылышкан.

      Көкөтөйдүн жоругуна капа болуп, анын үстүнө уулунун көкүм туугандардын төөлөрүн калың үчүн айдатып барган өкүмзордук ишине аябай нааразы болгон Алматай уятынан жерге кирип кете албай, жанын коёрго жер таппай жүрдү.

      Көл, Нарын, Чүйдүн эли чогулган дубандык жыйын Сырттагы Ийри-Суунун түзүндө отмөк болду. Адаттагыдай эле жыйынды Обонбай бий Байгозу уулу башкарат экен деген кабарды уккан Алматай түнү бою кирппик көзүн какпай таң атырып, Ийри-Сууга эрте аттанып чыкты. Ондогон үйлөр тигилип, ар кайсы жерде топ-тобу менен кошоктолгон аттар турган жыйын өтүүчү чөлкөмдү аралап, улам-улам “пирсидатил турган үй кайсы” деп бет алдынан чыккандан сурамжылап жүрүп отуруп, Алматай ажы издеген үйүн да таап алды. Куба төбөл 80 баштуу чоң үй экен. Үйдүн ичинен бакылдаган үндөр чыгып, кирип-чыккандардын аягы үзүлбөй, эшиктин жаны тынбай улам-улам серпилип жаткан экен. Үйгө чукулдай бастырып келип, Алматай ат үстүнөн үн салды:

      -Оо, Обонбай, барсыңбы?

      Үйдүн ичи бир азга дымый түшүп: “Ким болду экен?”-деген бирөөнүн пасыраак үнү чыгып калды. Алматай жанагы чакырыгын кайра кайталады эле, “Ажым окшойт, ажымдын үнү экен” дешип үйдүн ичиндегилер кужулдаша түштү. Аңгыча эшик серпиле берип, жонуна жука чепкенин жамына топучан Обонбай бий чыга келди. Алматай ат үстүнөн озунуп салам айтты эле, Обонбай шашкалактап алик алып:

      -Түшүңүз, үйгө кириңиз,-деп чылбырдан алып, Алматайды аттан түшүрүүгө ыңгайланды эле:

      -Жок, жон эле кой, убара болбо. Менин сага бир соболум бар эле, ошону айтайын деп келдим,-деди Алматай.

      -Айтыңыз, айта бериңиз, Кулагым сизде.

      Алматай терең күрсүнүп алды да суроосун узатты:

      -Ээ,Обонбай, Атаң ким сенин?

      Мындай суроонун берилишин күтпөгөн Обонбай адегенде таң калып бир саамга ойлоно калып, тунжурай түштү. Алматай ат үстүнөн калыбын бузбай, Обонбайдан көзүн албай, эмне деген жооп болоор экен дегенсип мелтирейт. Ошондо Обонбай бир саам болсо да өзүн курчаган ой кучагынан чыгып:

      -Атам арбагы бийик Кыдык эмеспи, жарыктык,-деп жылмайып жооп берди.

      -Атаңдын арбагы бийик Кыдык экенин билсең болгону, мен ушуну гана угайын дегем,-деп Алматай башка сөз айтпай ат тизгинин буруп, жай бастырып кете берди. Обонбай улам ыраактап бараткан Алматайдын караанын далайга карап турду.

      -Бийим, кирбейсизби, сизди күтүп калышты,-деп жанына бирөө келгенден кийин гана Обонбай ичке кирип, катчысын алып калып, калгандарын тышка чыгарып жиберди. Үйдө катчысы экөө калгандан кийин Обонбай бий катчыдан жыйында карала турган маселелердин тизмесин окуп берүүнү өтүндү. Катчы окуп жатып тизмедеги Ысагалыга тиешелүү жерге келгенде:

      -Мына ушуну тизмеден чийип сал,--деп Обонбай маселени кароодон алдырып салды.

      Эки күнгө созулган жыйын жабылгандан кийин жер-жерлерден келген болуш-бийлер Обонбай турган үйдө конок болушту. Боролдойдон келген Шааке тараптын кишилери:-“Эмне үчүн Ысагалынын үстүнөн жазылган арызыбыз каралбай калды?”-дешип доомат кылышканда:

      -Күйөө балаңар төө айдаттырып барып, аялынын калыңынан кутулуптур. Силер калыңды алып, төөлөрдү керегиңерге жумшап койдуңар. Кызыбызды алабыз десеңер анда жүз төөнүн башын түгөл кайтарып бергиле,-деп Обонбай маселени кабыргасынан койгондо сарыбагыштар ал төөлөр уурдалган мал экендигин айтышты эле Обонбай бий:

      -Уурдалса кыдыктын төөлөрү уурдалыптыр, аны менен силердин эмне тиешеңер бар, бул кыдыктын өзүнүн иши,-деп бүтүм чыгарганда бул жерде отурган ар уруунун жакшылары Обонбайдын бүтүмүн эп көрүшүп, Ысагалы дубандык жыйындын сотунан кутулуп кетиптир.

      Кийин Ысагалы 100 төөнүн ордуна 100 жылкы берип, бул ишке Көкөтөй чечен кошо катышып жатып, көкүм туугандардын көңүлүн алып бересесин берип тынган экен.

      Биз бул окуяны кең-кесири баяндап жатып, Алматай ажынын сырдуу соболу жана ага Обонбай бийдин таамай, туура берген жообу, бул суроо-жооп аркылуу ушул эки инсандын акыл көрөңгөсүнүн тереңдигин, кысталыш учурларда андан чыгып кетүүнүн жолун таба билген билгичтигин, даанышмандыгын белгилеп кеткибиз келди.

      Өзү да, балдары да аңыз кепке айланган Алматай ажы Кеней уулу өтөлгөлүү өмүр сүрүп, 1918-жылы 85 жашында өзүнүн куттуу конушу Көк-Булакта дүйнөдөн өтүптүр. Көзү жумулаарда:-“Менин жайымды Маалынын жанынан казгыла, казып деле убара болбойсуңар”-деп балдарына акыркы сөзүн айткан экен.

      Мүрзөнү казып башташканда топурак абдан эле жумшак, арасында кенедей да таш жок ийи майда болуп, тез эле казанактын оозу ачылып, ары жагында кеңири казылган даяр көр чыгыптыр. Чын эле Алматай ажынын айтканы айткандай келип, чогулган көпчүлүк топурак салып жатып, бул улуу даанышман инсандын олуялык касиетинин кезектеги жана акыркы сыйкырдуу көрүнүшүнө күбө болушкан экен.


                           ОСМОН КАЗЫБЕК УУЛУ                                                                                                           (Мазмунга)

      Адамзатта өтө сейрек кездешүүчү касиеттүү өнөрдүн ээси Осмон Казыбек уулу болгон. Касиеттүү өнөр ээси дегенибиз ал жыландар дүйнөсүнүн сырларын билип, алар менен сүйлөшкөн киши экен. Кезегинде Осмондун табыпчылыгы менен дубакөйлүгү тууралу кыдык ичинде эле эмес, бүтүндөй Көл айланасында аңыз кеп жүрүп, анын ысымы элге кеңири белгилүү болгон экен.

      Санжырага кызыгып жүргөн, сөз кадырын билген куйма кулак жаштардын бири Барыктабасов Талгар биз сөз кылып жаткан улуу өнөр ээсинин кичүү уулу Тынай абага жолугуп, анын өз оозунан атасы жөнүндө айткандарын угуп, баалуу маалыматтарды жазып алыптыр. Төмөндө Талгардын жазып алгандарын толугу менен баяндайбыз.

      Осмон 1867-жылы Оргочордо төрөлүп, 1951-жылы 84 жаш курагында Туура-Там айылында каза болгон. Атасы Казыбек жалган жалаа менен Алматыга айдалып кетип, 21 жашында түрмөдө ууландырылып өлтүрүлгөн. Казыбектин жесирин анын бир тууганы Болгонбайга баш байлашкан. Осмон мына ушул Болгонбайдын колунда чоңойот. Бир күнү кой кайтарып жүрүп кызыктуу окуяга туш болот. Күн түш болуп калган убакта койлор көнгөн адатына салып, ылдый жактагы арыктагы сууну көздөй жөнөштү. Койлор сууга жакындап калган кезде челек көтөргөн бир аял жерден топурак ала коюп, сууну көздөй чачып жиберди.

      Арыктагы суу заматта муз болуп тоңуп калып, койлор музду жалап киришти. Тиги аял кайра топурак уучтап алып дубалап чачып жиберди эле, тоңуп турган суу жылтырап агып кирди. Аял болсо, челекке суу толтуруп алып келген жагына кетти. Мына ушунун бардыгын көрүп турган Осмон таң калып кала берди. Кечинде үйгө келип, бүгүнкү көргөнүн ата-энесине айтып берип, мен ошол аялга барып, өнөр үйрөнөм деди. Болгонбай уулуна “Сен үйрөнөм деген өнөр калмактын дубасы, сен көргөн аял Түмөнбайдын аялы, насили калмак. Түмөнбай кайын-журтунда жүргөндө ушул өнөрдү үйрөнгөн экен. Бирок, Түмөнбай бул өнөрдү эч кимге үйрөтө элек. Бир көргөн кишиге эле үйрөтө бербейт деп уккам. Барсаң барып көр, бирок аялына эмес, Түмөнбайдын өзүнө бар”- деди. Ошентип, Осмон Түмөнбайга барып, калмак дубаны үйрөнгөн. Түмөнбай ошондо дубадан тышкары жыландын тилин, жайчылык дубасын да үйрөткөн. Бул жолу Түмөнбай Корумдунун кырында бир жылан бар, ошондон сак бол деп эскерткен экен.

      Түмөнбай келип көрүнүп жүргөндөргө -“Мындан кийин мага келбегиле, Осмонго баргыла. Мен жай чилдеде үйрөнүп бүттүм эле, Осмон кыш чилдеде үйрөндү. Меникинен Осмондуку күчтүү болуп калды”- дечү экен. Осмон: -”Калмак дубасын үйрөнгөн адам башка бир адамга кара санабаш керек, мен эки жолу карасанатайлык кылып койгом”,- дечү экен. Биринчиси, кыдыктар Оргочордогу жазыда мал төлдөтүп турган кезинде ошол жердик бир байдын жерин мал сугарып жатып, тебелетип өтүшчү экен. Ошол бай ”Жеримди тебелетип, чөп чыгарбай жатасыңар”,-деп, малды сууга жибербей, айланы кетиргенде, кыдыктын малчылары ”Ушунуку өттү, эптеп эбин таап, мунун сазайын колуна бербесек болбой калды” деп жүрүшкөндө мунун айласы өзү эле табылды.

      Осмон ат үстүндө жайбаракат келатса, бадалды тегеренип безилдеп бир кекилик жүрөт. Осмон бадалга жакындап келип караса, бир жылан кекиликтин жумурткаларын соруп жатыптыр. Оюна бир нерсе кылт дей түштү, ары жакта бир топ бала кекиликтин жумурткаларын терип жүрүшкөн.Осмон ошолордун ичинен баягы байдын баласын чакырып, бадал түбүндөгү кекиликтин уясын көрсөтүп,” тигине жумурткалар жатат, ошолорду терип ал” деди. Бала эч нерседен капары жок, уянын жанында оролуп жаткан жыланды көрбөй, колун сунуп, жумуртканы алаарда жылан анын колун чагып алды. Бала бир чаңырып алып, колун басып отура калды. Осмон атынан түшүп, баланы сооротуп, колун кармап көрүп, дуба окуп, эки үч күнгө чейин жыландын уусу чыканактан өйдө тарабагандай кылып, дем салып коюп кете берди. байдыкына эмчи-домчулар келип, баланы дарылап жатышты. Бирок, бала айыкмак турсун, шишиги чыканакка чейин барып, оң-даалаттан кетип, чабалактай баштады. Үч күндөн кийин Осмон жолдошуна-”Сен байга мен жөнүндө айтып, сиздин баланы айыктыррчу киши бар”- деп кой деп байга жиберди. Ал байдыкына келип, үйгө кирсе, чыгдандын жанында бир аял идиш-аягын калдыратып жатыптыр. Учурашкандан кийин “ жеңе, жармаңыз болсо беринизчи” дегенде, тиги аял “Тентип жүргөн сага эмес, бул жердеги дарымчыларга жетпей жатат”-деп бербей койду. Ал аңгыча үйгө байдын өзү кирип келди, бою кыска, курсактуу, бетинен бит тайгаланчудай, сербейген сакал-муруту бар неме экен.

      Тиги жигиттин айткан саламына ооз учунан алик алып, бай төрдөгү аюу талпактын үстүнө отура кетти. Бай тиги жигиттен,-“Кимдин баласы болосуң? Кайдан келдиң, кыдык тараптан келгенсиң го? Эмне жумуштап келдиң?,-деп такып сурап отурду. Жигит ата-тегин айтып, анан шыдыр эле эмне жумуштап келгенин билдирди. “Байым, уулуңузду жылан чагыптыр деп угуп келдим. Менин Осмон деген теңтушум бар, ошол калмактын дубасын билет, жылан менен сүйлөшөт. Эгер эп көрсөңүз балаңызды айыктырып берет эле”. Бай таңыркап карап калганда,-“Балаңызды айыктырса эмне бересиз?,--деп өз оюн айтып сөзүн бүтүрдү. Бай ордунан тура калып:-“Баламды айыктырса жаным курман, малым курман”- деп кайталап жиберди. Жанагы жармасын бербей жаткан аял:-“баламды айыктырса сураганын алсын,”-деп безилдеп жиберди. Жармадан куюп, аякты жигитке суна койду. Көрсө бул аял байдын зайыбы тура.

      Жигит бата кылып, ордунан туруп, “анда мен табыпты алып келейин”-деп чыгып кетти. Чай кайнамдан кийин Осмон жанагы жигит экөө байдыкына келип, аттарын мамыга байлап, үй тарапка басышканда аларды бай-байбиче тосуп чыгышып, жанаша турган боз үйгө алып келишти. Бала ушул үйдө өңүнөн кетип, кара терге чөмүлүп, төшөктө чабалактап жаткан экен. Баягы чыканакка чейин буулган колдун шишиги ийинге жетип калыптыр. Баланын колун көргөн Осмон ырас убагында келген экемин, бир күн өткөрүп келгенде бала соо калмак эмес тура деп ичинен ойлоп алды. Боз үйдүн ичин бошотуп, жабуусун сыйрып, кереге-ууктар гана калганда Осмон эки жигитти жанына алып, жерге чийин чийип, тиги экөөнүн колуна табылгы чыбык карматып, “мына бул чийинден жыландар өтө баштаса, табылгы менен чаап, мага жеткирбей өлтүрүп тургула”-деди. Осмон дубасын окуп жыландарды чакыра баштады. Бир аздан кийин жыландар сойлоп келе башташты. Жардап турган эл жыландарды көргөндө үйдүн жанындагы кырга чыга качып, алда эмне болоор экен деп, жакаларын кармап турушат.

      Жыландар биринин артынан бири келип, боз үйдүн кереге-ууктарына ороло башташты. Ушунчалык көп жылан келгендиктен кереге-ууктан бош жери калбай толуп кетти. Осмондун жанындагы эки жигиттин жондорунан муздак тер чыгып, денелери муздай түштү. Жыландар суюлуп калган кезде акыркы болуп бир жылан келди. Бул жылан тигилердей болуп кереге-уукка оролбостон түз эле Осмонду качырып кирди. Жылан чийинден өтө берип суналып жатып калды да, ичи көөп отуруп жарылып кетти. Мына ушул жылан баланы чаккан экен. Кереге-ууктарга оролгон жыландар биз акпыз дегендей сойлоп түшүп, келген жагына кете башташты. Осмон ата “жыландар кайтып кетип жатканда алардын көптүгүнөн бир короо кой өтүп жаткансып дабыш чыгат экен”- деп айтчу экен.

      Байдын баласы көшүлүп уйкуга кетиптир. Осмон –“балага жаш сорпо ичиргиле,- деп жолдошу экөө тамактанып алып аттанып кетишиптир. Ушундан кийин байдын жайытынан кенен-кесири пайдаланып калганбыз дечү экен Осмон атабыз.

      Экинчи карасанаганын уулу Тынай аба өзүмдүн эжемден уккам дейт. Осмондун экинчи аялы Барскондон экен. Кайын-журтуна баратса бир жигит колуктусу менен жолунан чыгып, саламга жарабай өтүп кетишиптир. Буларга эмне болгон деп Осмон кайра тартып экөөнүн маңдайынан чыгат. Бул сапар да экөө салам айтпай өтө беришет. Ошондо Осмон аттан түшүп, жерден бир ууч топурак алып, дубалап туруп тиги экөө тарапка чачып жиберсе, экөөнүн минген аттары жаталак болуп калыптыр. Эсине келген жигит -“Абаке, кечирип коюңуз, күнөө бизде”,-деп жалбарып жибериптир. Осмон дубасын жандырганда аттар окуранып тура калышат. Мына ошентип эки жолу адамдарга кара санап койгом дечү экен.

      Оргочордо жүргөндө ордолуу жыландарга туш болот. Жанындагыларга –“Силер жылкыларды айдап кете бергиле, мен артыңардан барам”-дейт да, талдан укурук кыйып алып, жыландарды чакыра баштайт. Уюктан сойлоп чыккан жыландарды колундагы укурук менен чаап, өзүнө жеткирбей өлтүрүп турат. Түшкө маал чабдар ат минген аксакал киши келип Осмонго:-“Ай балам, ордолуу жыланга кезиккен турбайсыңбы. Өнөрүң бар жигит экенсиң. Эми, бул ишиңдин аягына чык, аягына чыкпай кетип калсаң бул каапырлар сенден калбайт. Жердин түбүнө барсаң да табат, жаныңды жай алдырбайт. Аягына чык,-деп бир жигитти айылга чаптырып, айран, сүт куйган челек алып келүүгө жиберди. Күндүн ысыгы, анан да ачкалыгы Осмондун шайын оодарып бараткан эле. Алып келген айран, сүттөн ичкенден кийин тиги аксакал улам суу алдырып келип, Осмондун үстүнө жаба куйдуруп, сергитип турду. Күн ылдыйлап бешим болуп калган кезде жыландар уюктан чыкпай калды. Осмондун шайы кетип баратканын байкаган аксакал,-“Балам, уюкта жылан калып калса кек кууйт. Бул дүйнөдө жыландан башка кекчил макулук жок. Дагы бир жолу дуба кылып көр,”-деди. Осмон айрандын калганын жутуп алып, дагы бир жолу жыландарды чакырды. Ошондо уюктан ок жылан чыкты.(Осмон ата- “ок жылан учуп чыгат экен”- деп айтчу экен). Кичинекей ак жылан экен, уюктан учуп чыккандай эле болду. Ал түз эле Осмонду качырып кирди, жакындап келгенде колундагы укурук менен таамайлап туруп чаап калды эле, жылан оролуп, тоголоктошуп, бир далайга чейин жаны чыга албай, анан барып суналып жатып калды.

      Бул кармаш шашкеде башталып, күн батаарда бүттү. Чакан кой короонун ордундай жер жыландардын өлүгүнө толду. Эси ооп калган Осмонду аксакал үйүнө алып келип, туюк кийизге салып, 2-3 күн бакты. Осмон өзүнө келип эс алгандан кийин жанына эки киши кошуп, үйүнө жеткирип койгон экен. Туюк кийизге салып бакканы кокус ордодо тирүү жылан калып чакыра баштаса туруп барып дагы бир балээге кабылбасын дегени экен. “Ошондо жыландын уусу сиңип кеткенби терим жыландардыкындай болуп туюк түлөп түшүп калды”-деп эскерчү экен Осмон атабыз.

      Бир күнү Осмон уулу Бектур экөө Корумдудан чөп жыйнайлы деп эки төө минип барышат. Күзгө таяп калган мезгил экен, ата-бала чөмөлө салып жүрүшсө, Самсалы тукумунан Жанузак деген киши келип, -“Осоке, тамырымды кармап берчи” -дейт. Осмон: -“Жөн турчу, ысыктасаңар да, сууктасаңар да мага келесиңер”- деп болбой коёт. Жанузак кайра-кайра сурана бергендиктен,--“Ой Жанузак, жаның кетип калган тура, эки айга жетесиңби, жетпейсиңби кудай билет. Андан көрө үйүңө барып, жакшы көргөн малыңдан союп, кудаңды, ага-тууганыңды чакырып тамак бер”,-дегенде Жанузактын өңү кубара түшөт экен. Бир азга томсоруп туруп, -“Осоке, согумга уй сойдум эле, чөбүңөрдү жыйнагандан кийин уулуң экөөң биздикине барып тамак ичип кеткиле”,-деп бастырып кетет. Бектур атасын аба дечү экен, “Бу кишиге эмнеге катуу айтып койдуңуз аба?”-деди. “Ачуума тийип жибербедиби. Жаны кетип калганын келгенде эле билгемин. Анан жаны кетип калган Жанузактын тамырын кантип кармайм”,-деп жооп берген экен.

      Чөптү эки төөгө чийнелеп ташып, үйүп бүткөндөн кийин ата-бала ээрчишип Жанузактыкына келишти. Короодогу казанда эт кайнап жаткан экен. Үйгө кирип даам ооз тийгенден кийин Жанузак:,- Осоке, өзүм деле шек алып жүргөм, Ак-Теректеги Куугандынын башында эки бир тууган отурсак, батыш жактан 5-6 сарт келип мен отурган теректи кыйып кетишти. Ошондо эле шек алып калгамын. Бүгүн сенин келгениңди көрүп, канча жашоом калганын билип береби деп баргамын. Осмон, сенин касиетиң бар, тамыр кармап нечендеген кишилерди дарылап жатасың. Жылан чагып, ана-мына өлөт дегендерди ажалдан сууруп чыгып жатасың. Бирөөнүн тагдырын таамай айтасың. Бүгүн менин да эки айлык жашоом калганын айтып койдуң”—деди. Тамакты тунжурап отуруп жешти. Дасторконго бата кылгандан кийин Осмон Жанузакты жубатып, көңүлүн көтөрүп:-“Кудай дейли, жашоону кудай берет эмеспи, үмүт кылалы”- деп, Жанузактын калган жашоосун бетине айтып алганына ичинен сызып, өкүнүү менен коштошуп, жөнөп кетти. Айткандай эле Жанузак эки айга жетип-жетпей көз жумду.

      Каракөйнөк Канай баатырдын тукумдарынын бири Чокмор катуу ооруп төшөккө жатып калды. Дарыгерди алдырып, дарыларын ичти. Буга болбой молдо чакыртып дем салдырды. Ага да болбой оорусу күчөгөндөн күчөп, уулу Жусупту Осмонго жиберди. Ал кезде Осмон бала-бакырасы менен Тоң жана Ак-Сай суулары кошулган жерден төмөнүрөөктө турчу экен. Жусуп Осмондукуна келип салам айтып, аттан түшпөй эле, атасынын жибергенин, ал кишинин катуу ооруп жатканын, тамырымды кармап берсин деп чакырып жатканын айтат. Осмон Жусупту үйгө киргизип, айран куюп, “мен эртең барайын” деп кетирет. Эртеси келип, Чокмордун абалын көрүп, дем салып, “мен эртең дагы келем” деп сыртка чыгып Чокмордун аялына:,-“коюңардын арасында бир эркеч бар экен, койдон бөлүнүп, четтеп калат, ошону жоготпой жакшы кайтаргыла”,-деп коюп кетет.

      Жусуп кой кайтарып жүрсө баягы эркеч улам эле койдон бөлүнүп, кечке чейин айласын кетирет. Эртеси келген Осмон Жусуптан эркеч тууралу сурады эле:,-“Кечке чейин улам кача берип айламды кетирди, бүгүн чыгарбай эле байлап койсом болобу?”- деди эле Осмон:,- “Ошент балам, бекем байлап кой”,-деп үйгө кирип, Чокмордун тамырын кармап, дем салып коюп сыртка чыкты. “Мен айткан эркеч өлүп калат, этин жебегиле, чуңкур казып, көөмп салгыла, эртең дагы келем”,-деп Чокмордун аялына айтып, аттанып кетет. Эртеси таң эрте аял короого кирсе эркеч өлүп жатат. Осмондун айтканындай болгонуна таң калып, жакасын карманат. Балдарын ойготуп, жер каздырып, эркечтин өлүгүн көмдүрүп салат.

      Осмон келип, эркечтин өлгөнүн угуп:-“Байбиче, ошол эркечти кудайым Чокморго садага кылган турбайбы, эми күйөөң айыгат”, - Чокмордун жанына келип отуруп: -“Малыңа тартайынбы же, жаныңа тартайынбы”.-дегенде Чокмор: -“Малыма тарт, малыма тарт” -деп жиберген экен. Осмон дагы бир жолу Чокмордун тамырын кармап:, -“малыңа тарттым, бир-эки күндө сакайып кетесиң” -деп үйүнө кайтыптыр.

      Түмөнбай калмак дубасын Осмонго үйрөтүп жүргөндө “Корумдунун кырында бир жылан бар, ошондон сак бол”-деп айтыптыр дебедик беле. Осмон бир жылы Корумдуга арпа айдаптыр. Арпаны сугарып келүү үчүн Туура-Тамдагы үйүнөн аттанып чыгып, Корумдуга келип арпасын сугара баштады. Күндүн ысыгын айт, чөп күйүп, эгинге суу жетпей кургакчылык болуп, андан калса ошол жылы жыландар да көп болуп, үйгө чейин кирип келип жатышты. Осмон арыктын жээгине отуруп, ала келген жармасын ичип жатса, суу кичирейип калат. Суунун башын карап келейин деп басып, бир аз баргандан кийин жатакчылардын кыз – келиндери шаракташып өтүп кетишти. Осмон жолдо жылтыраган бир нерсе жатканын көрүп, жана кыз-келиндердин чач мончогу түшүп калган го деп жакын келип караса жылан экен. Ошондо “бу каапыр мени чакырып жаткан тура, чакырган жыландан качпаш керек дейт, аракет кылып көрөйүн” деген ойго келди.

      Жыланды көргөндө минген аты кошкуруп жиберди. Осмон аттан түшүп, сыңар тизелей калып жерден бир ууч топурак алып үйлөп туруп жыланды көздөй чачып жиберди да арбаша баштады. Жылан денесинин жарымына чейин тик туруп арбашат экен. Узундугу бир кулачтай, жоондугу билектей болгон жалтыраган кара чаар жылан экен. Бир аз убактан кийин аттын дүбүртү чыгып, кайдан-жайдан келгени белгисиз Түмөнбай пайда болду. Катуу чаап келген окшойт, атынан тер шорголойт.

      - “Баягы мен айткан каапыр ушул. Коркпой кармаш, бул жалгыз, биз экөөбүз. Бүгүн ушул каапырдын түбүнө жет”- ден сүрөп турду. Түмөнбай ары-бери бастырып, бирди жарым бирөө келип Осмондун ысымын айтып жибербесин деп акмалап турду.

      Адам менен жылан арбашканда бири-биринин ысымын табыш керек, кимисинин ысымы табылса ошол жан берет. Түмөнбай “ушул жыландан сак бол” деп бекер айтаптыр. Жылан күчтүүлүк кылып, Осмон көз көрүнөө шишип, мууна баштады. Муну көрүп турган Түмөнбай Осмондун көйнөгүнүн жакасын карап:-“Ой баатыр, көйнөктүн топчулугун чечип койчу”-деп жиберди. Ошондо жылан жыгылып түшүп, ичи көөп, жарылып кетти.

      -Түмөнбай аба, сиз болбосоңуз мен оңбой калмак экемин. Жыландын аты “Топчулук” турбайбы, сизди кудай өзү чакырып келиптир.

      - Кечээ мал издеп келатып так ушул жерден таштын үстүндө оролуп жатканын көргөмүн бул каапырдын. Бүгүн эртең менен сенин Корумдунун кыдыруусуна сугатка кеткениңди угуп, артыңдан жөнөгөм. Өзүң айткандай кудай буюруп убагында келиптирмин, -деди Түмөнбай.

      Осмон бир күнү туугандарын чакырып:,-”Мени бир жылан чакырып жатат, башка жерден келген неме экен. Силер бирден союл алып мени менен баргыла. Мен жылан менен арбаша баштаганда сак тургула.Кокус жылан мени качырып калса, аны мага жеткирбей чаап өлтүргүлө,-деп дөбөгө чыгып жыланды күтүп калат. Ушуну эле күтүп тургандай чийдин түбүнөн жылан сойлоп чыгып, Осмонго эшик-төрдөй жетпей токтоп калат. Экөө жаңыдан эле арбаша баштаганда Осмондун жанындагы кишилер байкабай калышыптыр, бир кыз келип:

      -“Осмон абам эмне кылып жатат”-деп жиберет. Малдаш урунуп отурган Осмон чалкасынан кетет. Жылан Осмонду качырып киргенде карап тургандар союлдары менен чапкылап киришет. Жыландын сүрүнөн алардын бири союлун таштап жиберип качып жөнөйт. Ызы-чуу түшүп чапкылап жатышып, акыры өлтүрүшөт. Осмон көгөрүп-татарып жатып бир чай кайнамда барып эсине келиптир.

      Мамбетказынын уулу Жусуйду жылан чагып алып, Осмон айыктырган экен. Бул тууралу Жусуй аба өзү айтып берген. “Кара-Сууда кой кайтарып жүрсөм бутумду жылан чагып алды. Атам өңөрүп алып, Осмонго алып барды. Ал киши кармалап көрүп, бирдемелерди күбүрөп, балтырымды сыга кармап, “бүгүн кеч болуп калды, эртең дарылайм. Жыландын уусу балтырдан өйдө тарабагандай кылып бууп койдум, бүгүн мында жат”-деп, төшөк салдырып, жаткырып койду. Дубанын күчү менен уктаган окшойм, эртең менен бутум балтырдан ылдый көк шишик болуп, төшөктөн тура албай калыптырмын. Осмон ата келип:-“Азыр сени чаккан жыланды чакырам Ал келип эле сени көздөй жөнөйт, ошондо коркпой жата бергин”—деди да мен жаткан капталдан жерди чукуп, бычактын учун өйдө каратып, сабын жерге көөмп салды. Анан баш жагыма отуруп дубасын окуй баштады. Канча убакыт окуду билбейм, мага көпкө эле созулгандай болду. Бир маалда керегенин түбүнөн бир жылан сойлоп кирди.Эки карыштай болгон боз жылан экен. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, түз эле мен жаткан жакка сойлоп келатат. Жаным оозума тыгыла түштү. Сойлоп келатып эле жанагы сайылган бычакка урунду да, эки бөлүнүп жатып калды. Осмон ата шашпай туруп келип, жыланды колуна алып, аккан канын бутума сыйпап койду. “Уулуңду алып кете бер, Үйүңө жеткенде өзү эле басып кетет”-деп атам экөөбүздү узатып койду. Үйгө жете электе эле аттан түшүп басып кеткемин” -дечү Жусуй аба.

      Осмон көптөгөн адамдарды дарылап, бул дарттан айыкпай калдым деп жашоодон үмүт үзүп койгондорду ажалдын оозунан сууруп алган. Кара жама (как) сыяктуу дарт менен ооругандарды да айыктырган экен. Ушул дарт менен ооруган Карабечел деген кишини алып келишкенде анын жаак сөөгүн эти менен кошо дарт жеп, жаагы кан аралаш ириңге толуп, сүйлөй албай калган экен. Эртең менен кечинде эки маал кан менен ириңди жийиркенбей тили менен жалап, үйлөп жатып айыктырган экен. Чирип калган жаак сөөгүнүн жартысын алып салган.Бир караган кишиге Карабечелдин бетинин бир жагы жоктой көрүнчү экен. Осмондун улуу байбичеси:-“кантип ушул ириңди жалап жатасың?”-дегенде, -“Тил менен жалабаса, дубанын күчү жетпейт”-дептир.

      Көрүп-билген кишилердин айтуусунда Осмондун тили уйдукундай бүдүр болуп, карттанган жараны жалаганда карты сыйрылып түшүп калчу дешет. Жумабайдын уулу Текесбай да жаагым деп, көрүнгөнгө дарыгер жок, көрүнгөн ырым-жырымдарды жасап жатып, оорусун күчөтүп жибериптир. Жаагы шишип, ириң тээп чыдабай калганда Жумабай Сырттагы Жекенди деген жерден Текесбайды жакага Осмонго алып барып кел деп Моңолдор деген жигитти жиберген экен. Эки тың ат токутуп, жол азыгын камдап берет. Бирок Текесбай башы айланып, атка жүрө албай койгондуктан Моңолдор Текесбайды учкаштырып, белине таңып алып жолго чыгат.

      Кеч күз болуп, Тоңдун ашуусун кар басып калыптыр. Ашуунун кырына келгенде Текесбай кыйналып, ат үстүндө жүрө албай калды. Моңолдор тың жигит экен, кардын үстүнө тердикти салып, ага Текесбайды жаткырып алып, түзгө чейин сүйрөп түшүптүр. Бир аз эс алгандан кийин атка мингизип, ээрге өбөктөтө чылбыр менен таңып, атты жетелеп алып, түнү менен айылга кирип келет. Эртеси Осмон Текесбайды көрүп, “кара жама экен” дегенде Текесбайдын көзү тунара түшүп, бул оорудан айыгамбы же... деп ар кандай жаман ойлор санаасына келет. Анын абалын жакшы түшүнгөн Осмон:,-“Кудай буюрса айыгасың”-деп, коломтого от жагып, Текесбайдын оттун бир жагына отургузуп, өзү бир жагына отуруп, бир нерселерди кобурап, Текесбайды көздөй үйлөп коюп жатты. Бир нече жолу кайталагандан кийин оозун ачтырып түкүрүп:-“Бүгүн болду, эми эртең келгиле”-деп узатып койду. Ушундай көрүнүштү 5-6 күн кайталагандан кийин шишик жарылды. Осмон жаагын сыгып, ириң,канын тазалап жатканда Текесбайдын жаны көзүнө көрүнүп, кокуйлап жатты. Шишик тарагандан кийин тили менен жалап дарылай баштады. Ошентип отуруп акырында Текесбайдын жаагынан бармактын башындай сөөктү алып салды.

      --Ушул дарт башталганы уйку көрө элек болчумун, түндө жакшы уктадым,-деди Текесбай Осмондун кандай уктадың деген суроосуна.

      –Эми бир жума келип турасың, ошону менен кудай буюрса айыгып кетесиң—деп, Моңолдорго карап:

      --Бүгүнтөн баштап жаш сорпо ичире башта,--деп табыштады. Бир жума дарылагандан кийин - “эми мага келбе, жаагыңда дагы бир чүкөдөй болгон сөөк калды, убагы келгенде өзү эле түртүп чыгат, ошондо алып салсаң болот”,-деп Текесбайды кетирди. Кийин айткандай эле сөөктүн калдыгы кылтыйып чыгып калган экен. Текесбай аялына алып сал десе. “Кокуй, кой айланайын”-деп болбой коюптур. 4-5 жашка чыгып калган Аскербек деген баласын чакырып айтып көрсөтсө, чуркап келип жулуп салыптыр. Саргарып чирип бараткан жаш козунун чүкөсүндөй болгон сөөк экен. Текесбай атанын байбичеси мени көргөн сайын:-“Сенин атаң болбогондо абышкам эчак эле өлүп калмак”,-деп бетимден өөп калчу деп эскерет Тынай аба.

      Осмондун жайчылык жайы да болгон экен. Күн ысыганда бээлер ылаалап саадырбай калганда көйнөк-дамбалчан болуп, чепкенин желбегей жамынып, кырга чыгып нары-бери басып калчу. Мунусун көргөн байбичеси “тигинин жини кармады” деп боз үйдүн түндүгүн жаап, жаанда калчу оокаттарын тейлеп, киргизчүсүн киргизип калаар эле. Шамал болуп, ачык турган күн заматта бүркөлүп, күн күркүрөп келип, жамгыр жаап өтчү экен.

      Тиш оору, ич ооруларды да айыктырчу экен. Сейитказы (Котур) тишим ооруп барганда эшик-төрдөй аралыкта отургузуп коюп дем салып үйлөгөн сайын бетиме шамал тийгенсип турду эле, тишим басылган деп эскерчү. Дарылаган адамынан акча алчу эмес. “Мен дарылайым, кудай айыктырып жатат. Ошол Жаратканга бергиле”-деп койчу экен.

      Бектур деген уулу өнөрүн үйрөтүүсүн сураганда: --“Сен көтөрө албайсың, өзүңө зыян болуп калат”—деп болбой койгон дешет. Бул өнөрдү үйрөнгөнгө олбурлуу, көтөрүмдүү, бирөөнө кара санабаган ак пейил киши керек экен. Туугандарынын бири Ылый деген адам тууралу “үйрөнсө болот эле, бирок, карамүртөз, кишиге зыян кылып коёт, болбосо көтөрөт эле”,-деп болбой койгон экен. Кетик Жумабекке үйрөтөйүн деп:-“Мага үч жылга бошотуп бергиле, жанымда жүрсүн”—десе, ал мезгил элдик табыптарга, динге каршылык күчөп турган мезгил экен, сугатчы жетпей жатат деген шылтоо менен бошотпой коюшкан. Ак-Сайдан Ыбырай деген кишиге үйрөтүп жатканда Осмон өзү каза болуп калыптыр. Кичүү баласы Тынайга үйрөтөм, ушул балам көтөрөт деп кичүү байбичесине айтып жүргөн экен, кайран киши бул оюн да ишке ашыра албай калган. Атасы өлгөндө Тынай 4 жаштагы бала экен.

      Өлөөрүн билчү окшойт, “быйыл мени устукандайсыңар” деп келинине айтып жүрүптүр. Уулу Бектурга:-“Эгер мен жаздын күнү же, кыштын күнү өлсөм, коркпой эле маки менен жука чурайымды жарып кой, антпесең элге убал болуп калат. Жайында же, күздүн күнү өлсөм тим эле кой”-дептир. Осмон ата жайдын күнү каза болуп, ошондо 17 күн тынбай жамгыр жааган экен. Ошондогу жаанды Акматбек аба: -“ Оолда ошондогу жаан ай! Уй кайтарабыз, которунганга кийим жок, жайган кийим кургабайт. Күнү-түнү тынбай жамгыр жаап, жарым айдан ашык күндүн көзүн көргөн жокпуз”-деп эскерчү эле.

      Осмон Көл-Белде, жайлоодо турганында жүдөө Илип уулу Абдырахман Осмон атабыз менен жакшы теңтуш экен, ошол киши келип:

      -Осмон, Кара-Суудагы Дакейдин колуктусун жылан чагыптыр. Сени алып кел деп мени жиберишти,-дейт экен.

      -- Мен карып калдым, мына 84кө келдим, дубанын күчү карыганда анча болбой калат экен. Мен бара албайм”-деп жооп кайтарды.

      - Айланайын Осоке, барып бер, келин өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатат. Жаш балдары бар, алардын убалы кимге, барбайм дебе, Осоке?-- Абдырахмандын көшөөрүп туруп алганынан, бир чети келиндин убалын ойлоп, бир чети теңтушун кыя албай Осмон атын токуду. Түш ооп калганда Кара-Сууга кирип келишти. Дакейдин үйүнүн жанында эл топтошуп турган экен. Ошолордун ичинен бирөө кырдан чыга берген атчандарды көрө сала “Осмон келатат” деп кыйкырып жиберди. Ошентип, билбестик кылып ысымын атап жибергендиктен Осмондун өмүрүнө балта чабылды.

      Аттан түшүп, үйгө кирип, төшөктөгү келинге:-“Сен айыктың айланайын, мен болбой калдым”—деп сыртка чыгып, менин атымды кимиси айтып койду экен дегенсип, жарданып турган элди кыдырата карап алып, Туура-Тамдагы үйүн көздөй бастырып кетти. Эшигинин алдына келип, аттан түшө албай калды. Бала-бакырасы жөлөп-таяп, аттан түшүрүп үйгө алып киришти. Үйгө кирери менен эле уулу Бектурду Көл-Белдеги кичүү байбичесин балдары менен көчүрүп келүүгө жиберет. Алар келгенден кийин кичүүсү Тынайды кол жаңсап чакырып алып, өбөйүн деди окшойт, оозун бетине тийгизип койду. Ошентип, кайран киши, касиеттүү өнөрүн элине таштап кете албай өзү менен кошо алып, бул дүйнөдөн өтүп кете берди.


                           ӨЗ АЛДЫНЧА ТУРГАН УРУУЛАР                                                                                                           (Мазмунга)


                           РАЗЫК УУЛУ ТӨЛӨНДҮН АЙТКАНДАРЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Ушул китеп жазылып бүтүп, басмага даярдалып жатканда демилгечи Айтбаев Сабыркул мага компьютерде терилген он чакты барактан турган текстти алып келип берди. Бул материал Разык уулу Төлөн аксакалдын айтып берүүсү менен жазылып алынган экен.

      Төлөн аксакалдын өзү тууралуу айтсак, ал киши кыдык уруусунан чыккан Борбу уулундагы “үч Ормотойдун” тукумдарынан болот. “Үч Ормотойдун” улуусу Түлөкабылдын Байчубагынан Мааразык менен Разык. Байчубак уулу Разык өз мезгилинде Тоңдук санжырачылардын эң белгилүүлөрүнүн бири болгон.

      Разык санжырачынын үч уулунун бири – ушул мен сөз кылып жаткан Төлөн аксакал. “Аккан арыктан суу агат” демекчи бул кишинин чоң энеси айыл-апага белгилүү жамакчы жана кошокчу болуптур. Ал кишинин короочу ити уча качкан карганы тиштейм деп секирип, колкосу үзүлүп кетип өлүп калган экен. Иттин аты Байбарак. Ошондо, кайран киши “Карга тиштеп кайкалап, өлүп кеттиң чалкалап. Алдагы жаткан башыңа, калпак тигип бербедим. Ийри-муйру бутуңа байпак түйүп бербедим, ой Байбарак, короочум”, - деп итин жоктоп кошкон экен. Ал эми, Төлөндүн атасы Разык чоң санжырачы болгон.

      Ошондуктан, ушул экөөнүн көрөңгөсүнөнбү же, кенедейинен атасынын айткандарын кулагына куюп, көкүрөгүнө уютуп алганбы айтор, Төлөн аба да санжырага кызыгып, аны саймедиреп айтып жүрөт.

      Албетте, санжыра – бул илим эмес. Санжырада айрым калпыстыктар кетиши мүмкүн. Анын мындай болушу санжырачынын дараметине, билимине, айтуу деңгээлине жараша болот. Тарыхты жана санжыраны жакшы билген адам андай калпыстыктарды дароо эле байкайт. Бул жерде “андай ката, мындай ката бар экен” деп санжыраны четке кагып салууга болбойт. Өзүнүн билгендерине, башка санжырачылардын айткандарына салыштырып, жакшылап талдап көрүп, ал каталарды оңдоп-түзөп алуу кажет. Санжыра мына ушунтип сакталып, ооздон-оозго көчүп айтылып келе жатпайбы.

      19-ноябрь 2022-жылы Түмөнбай атанын коргонун көрсөтүп бересизби деп Разыков Төлөн атага бардык эле, ал киши менен жолдо аңгемелешип бардык:

      Үркүндөбү же андан мурунбу айтор, бир кытай кечил экөө жылкы кайтарып жүрүп, “мага бир чоң кечил бүгүн ай тутулат деп айтты эле дейт. Ошол түнү чын эле ай тутулду. Тиги кечил уктап калды, мен уктабай жаттым эле, бир маалда бир жылан келип тиги кечилдин бутуна сайып кетти дейт. Кечил дирт этип бутун тартып алып, ооналактап уктай албай бутун караса шишип кетиптир. “Мен муну дарылайм, ушул жердеги жыландарды чакырам, айланага жыландар толуп кетет, сенин эсиң чыгат, кеткин” – дейт. Жок, коркпойм, - деп Түмөнбай болбой коет. Тегерете чийин чийип, бир четинен ачык коюп, ошол ачыкка бычактын мизин өйдө каратып сайып коёт. Анан жыландарды чакырат экен. Күнөөсү жок жыландар башын арта салып жата берет экен. Кыйладан кийин баягы күнөкөр жылан кыйналып араң келип бычактын мизине тийип жарылып өлүп калат. Түмөнбай атабыз эси чыкпай көрүп отуруп, алардын сүйлөшкөндөрүн угуп, арбашкандарын көрүп сөздөрүнө түшүнө баштаптыр.

      Кийин Кызыл-Учта отуруп “Кыдырууда бир жылан бар, ошондон сак болуп жүр” деп Осмонго айткан Экен. Бир күнү Осмондун келатканын көрүп күтүп турса бир топко жок болот. Атаңгөрү, буга эмне болду деп алдыга бастырат. Жете барса жылан менен арбашып жаткан экен дейт. Жылан ос...ос...ос деп эле ары жагын таппай жаткан экен дейт. Осмон муунуп кара көк тартып баратыптыр. Түмөнбай “чеч топчулугуңду” дээри менен жылан сулап өлүп калыптыр. Көрсө, жыландын аты Топчулук экен. Ошол кезде Осмон атабыз Түмөнбайдын жанында болуп, дуба үйрөпүп жүрүптүр.

      Ошол кезде Кыдык эли жети болушка бөлүнүп турган кез экен. Аны Атакан атабыз чогултуп келген деп жүрбөйбүзбү. Ошол кезде Ак-Теректин ары жак, бери жагында жылкы күзөтүп жүрөбүз дейт. Жердин ээси жайыт бербей, коруп айласын кетирет экен. Бир күнү тамак ичени келатып, чийдин түбүнөн жылан көрөт экен. Жердин ээсинин баласына “мобу жерде кекиликтин жумурткасы жатат, алып берчи” дегенде бала шашкалактап колун сала койгондо жылан чагып алат. Башкалар айыктыра албай койгондо айыктырган экен. Ошондон кийин жердин ээси жерин берген экен.

      Айтып отурса көп сөз бар. Белектин ичинде куудул Ордобай деген болгон экен. Ордобай Чыныбайдан “Сен үч кишиден эмне коркосуң?” деп сураган дейт. Чыныбай “мен бир кудайдан корком, башка эч кимден коркпойм” деп жооп бериптир. Анда мен айтып берейин:

      -Топто отурсаң Канай келип калса “Канай акем отурсун, Канай акем отурсун” деп эле ордуңду бошотосуң, бул корккондук эмеспи? Топто сүйлөп отурсаң желдең Ырыс деген киши кошулуп сөз сүйлөп койсо эле “Ырыс акем сүйлөсүн, Ырыс акем сүйлөсүн” деп сөз бересиң, бул коркконуң эмеспи? Сарыктын Атабеги келгенде бала-чакаң менен аралаштырып төшөк салдырасың, башкалар келсе конок үйгө салдырасың, бул коркконуң эмеспи, - дейт.

      -Ээ Ордобай, билген экенсиң. Канайдан коркконум аны шайтан ээрчип жүрөт экен. Жылан камчыланат экен. Ошондуктан корком. Желдең Ырыска сөз бергеним анын тилинде мөөрү бар экен. Бирөөгө жаман айтса да, жакшы айтса да сөзсүз келет экен. Ошондон корком. Сарыктын Атабеги Кыдыр жылоологон киши экен. Ошонун ырысы бала-чакама жуксун деп члгу төшөк салдырчу элем. Оо капыр, мунун барын билген экенсиң деген экен.

      Канай жогору жактан Кыдыкты бөлүп жиберип, ошол жакта жайлап-кыштап жүргөндө бир топ жигиттери менен келсе, Бапалар кырман сапырып жаткан экен. Келип түшүп, амандашып, “Аттарга жем берип койгула” дейт. “Аттарга жем берет элек, чеч токтотуп койдук эле, сүзө элекпиз, сүзгөндөн кийин берели” дешсе, мына эмесе деп жети баланын башын кыя чапкан экен.

      Ошентип жүрүп Канай өлөт. Канайдын жайын өзүнчө казып. Ак-Теректин кырма жарынын үстүнө коёт. Канайдын сөөгүн коюп кеткенден кийин бир аксакал уй кайтарып жүргөн экен, мүрзөдөн чаң чыгат дейт. Барса, жыландар куйруктары менен жерди чапкылашып, сүйүнгөндөй болушуп ызылдап жатат дейт. Кудайга тобо кылып кетип калат экен. Аны уккан Осмон ошол уюкту жок кылган дейт. Колуна бир калтек алып, уюктан чыккан жыландардын башын чаап ыргыта берген экен. Баягы уй кайтарган абышка келсе, жыландар өзүнчө эле дөбө болуп калыптыр, Осмондун эси ооп калгандай дейт.

      Колундагы чалаптан берип, эс алдырып бир аз отуруп – “бул ийинде чоң боз кашка жылан бар. Ошол чыкмайынча дарымдай берем. Болбосо калып калса укум-тукумуңа чейин зыян кылат, кун кууйт” – дейт. Аягында боз кашка жылан чыгат, аны өлтүрөт. Жыландар додо болуп бир топ күн сасып жаткан дейт. Ошентип Канайды колдоп жүргөн жыландарды Осмон жок кылган дешет. Жыландар жок Канайдын коргону жалгыз бойдон калган экен.

      2020-жылдын 20-декабрында Балыкчы шаарында президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен элдин жолугушуусу болуп, талапкерге бата берүү вазийпасы тоңдуктарга ыйгарылган экен. Аксакалдардан тандалып санжырачы Разыков Төлөн атабыз менен жолго чыктык. Жолдо баратканда атабыз Намазбек баатыр баянын айтып берди. Эми сөз кезеги Төлөн аксакалда.

      Ормотой бар кезде Борбу абдан бай болгон. Ошол кезде айылынан качкан качкындар «Боронбай адилеттүү хан дейт, бей-бечараларга жардам берет экен» деп көчүп өткөндөр көп болгон. Бир күнү уйга жүгүн жүктөп, атына аялын мингизип, баласын учкаштырып алган бир киши келип, обочороок отуруп калат. Борбу ким экенин билип келүүгө киши жиберсе, Боронбайдын айылына көчүп бараткан экен.

      -«Үйүн ошол жерге бүгүп коюп мында келсин», -деп айттырат Борбу. Эртеси кайтууга камына баштаганда,-«Ээ балам, аялың ана-мына төрөйм деп турган экен. Жолдо толготсо эмне болот? Аялың көз жарганча эки-үч күн күт»,- деп калтырып коёт. Ормотойдун да аялынын боюнда бар экен, экөө удаа төрөйт. Ошентип, байдыкында туруп калышат.

      Бул адам черик Сатымкул деген адам экен. Аялы башка жерден келгендик кылып, байдын оокатын жасап, баласын эмизгенге колу бошобойт. Сатымкулдун баласынын атын Дайырбек деп коёт, ал эми Ормотойдукун Намазбек коёт. Экөөнү Ормотойдун аялы эмчектеш кылып эмизип багат экен. Жылдар өтүп балдар чоңоёт. Отузга чыкпай Ормотой каза табат. Ормотой бар кезде сестенип тургандар эми ачык эле Борбунун жылкыларына көз арта башташат. Ал тургай, четинен бөлүп айдап кете башташат. Борбунун айласы кетип, Сарыбагыштагы Ормотойдун жакын таякеси Төрөгелдиге көчүп кетет экен. Балдары Түлөкабыл, Намазбек, Ыманбек таякелеринде чоңоюшат.

      Намазбек эр жетип, Төрөгелди баатырдын Куунак деген карындашына үйлөнөт. Жортуулга чыгып. казактардын жылкысын тийип, эл оозуна алына баштайт. Ошентип жүрүп, жети ата деген айылдын бир кишисин өлтүрүп коёт. «Жээниңди кармап бер Төрөгелди, канга кан, өлтүрөбүз, болбосо мунуңду көчүрүп жогот», -дешет. Аларды тынчтандырып, Төрөгелди Намазбекке:-«Эми, сен бул жерге жашай албай калдың, эл каршы болуп жатат, көчүп кеткин» -деп, Ашыр,Тойтук деген эки жигитти кошуп, 100 баш жылкы берет. Намазбекке чейин эле Борбунун өзүнүн Черибай деген жылкычысы барып, Төрөгелдиге кызмат кылып жүргөн экен. Ошентип, көчүп жөнөгөндө, кабарын уккан Жетатанын балдары чаап алабыз деп артынан жөнөшөт.

      Куугун жылкы айдап келе жаткан Черибайга туш келет. Черибай да эр киши экен, үч кишисин укурук менен чаап өлтүрүп коёт. Калганы кайтып кетет. Черибай Төрөгелдиге барып айтса, «Сен дагы көчүп кет» деп уруксат берет. Ошентип, конуп-түнөп жүрүп отуруп, Калчанын ичине барып конот. Кар ала-телек болуп жаз келген кез экен. -Намазбек жолдош-жоросу жок жалгыз көчүп кетиптир, Кочкор аркылуу артынан барып чаап алабыз —деген Жетатанын жигиттери жолго чыгышат экен. Аны угуп калган Төрөгелди—Жетата болбой артыңардан кетти, эми аянбагыла, - деп кабар берет.

      Түлөкабыл, Намазбек, Ыманбек үчөөнүн айылы бир. Түнүндө тушарга жете кар жаап коёт. Таң куланөөк болгонго чейин мылтыкка ок куюп чыгышат. Түлөкабылдын короосунан кара чунак кой алып келип мууздап, каны менен курал жабдыктарын кандайт экен. Эртең менен аркы Калчанын көпүрөөсүнө жетпей алдыңкы өйүзү менен батыш жээкте чоң кара таш бар. ошол жерде чоң өтөктө турушкан экен Жетаталар. Боз атчан, дагы бир жерде кызыл атчан үч адам турат дейт. Намазбек көрүп тааныйт экен.

      Намазбек Сөөлкөз деген кыйын айгырын минип чыгыптыр. Мойноктун үстүндө туруп, -«Ой, мен жаралуу каманмын, мага тийбегиле, кан төгүшпөйлү», -деп кыйкырыптыр Намазбек. «Көрчү мунун жаралуу каман боло калганын! Сен ак каймалга мингизип, ак жабуу жаап кызыңды тарт, кара каймалга мингизип, кара жабуу жаап жакшы көргөн аялыңды тарт» -дейт тигилер. Ошондо Намазбек намыстанып кетип, айгырын камчы менен чаап жиберет. Ооздугун тартып турган айгыр ордунда тегеренип кетет.

      Сарбагыш тараптан мылтык атылып, чып этип эле үнү анча угулубаптыр. Намазбек жактан мылтык атылганда кокту жаңырып кетти дейт. Ошондон эле чаап кирип барып, жанагы үч кишини алып ыргытып жибериптир. Артынан чубап жигиттери түшөт. Сөөлкөздү агытып жиберип, жанагы боз атты кармап минип алыптыр. Сөөлкөз үйүрүнө кайра кетип калды. Баягы алдында турган үч жигитти алып ыргытканда эле, калгандары качып жөнөптүр.

      Сарыбагыштарды көздөй жапырт бет алганда алар качып жөнөштү. Кайра качпасын дегениби же, туу түшүп калбасын дегениби, бир абышканы туу карматып атка таңып койгон экен. Ошентип ит уруш болуп жүрүп отурушат. Түлөкабылдын улуу аялынан Бегаалы деген жоош, жоого чыкпаган чоң киши экен. Барып көрөйүнчү деп келсе, туу кармап бирөө жүрөт дейт. «Жоо саябыз деп чыкканы кайсы, туусун жыга албаган ушундай да баатырлар болобу»- деп жанына келип, санын бычырата кармап койсо, абышка өлүп калат.

      Намазбек баатыр, Ашыр, Тойтук үчөө Жетатаны кууп баратканда: -«Сайган кишилериңердин атынын кулагын кесип кисеге сала жүргүлө, эсептейбиз» -дейт Намазбек. Эсептегенде Намазбек баатыр 72 аттын кулагын кескен экен, берки экөөнүкү он чактыдан болгон окшойт. Кууп отуруп Кара-Каманды кечирип жиберишет. Бая ит уруш болуп келатканда, күүгүм талаш экөө аттарын коё берип, кардын алдына жашынып калышат. Алардын аттарын алып, колго түшкөндөрдүн бардыгын айдап Калчага келет. Кар калыңдап отуруп, конушуна келгенде бир топ эле калыңдап калган экен. Келип эле, - көчөбүз, -дейт.

      Баатырдын айтканына каршылык жок, жүктөрүн жүктөйт. Кыргыздын көчү кандай күн башка түшсө да каадасын бузган эмес. Баалуу кийимдерин кийишип, шырдак, килемдердин бетине жабуу жаап, анын үстүнө тулга коюп, казан көмкөрүп, үстүнө жабуу жаап, шаан-шөкөт менен көчүп жөнөшөт. Алдында көч баштаган баатырлары, артында көч айдаган жигиттери бар. Келиндер төө жетелеп баратканда төөнүн артына колго түшкөндөрдү чиркеп койгон. Келиндер: -Ай баланча, атым тартынып жатат, чаап койчу, - дейт. Ат тартынбай эле тигил колго түшкөндөрдү айтып жаткан экен. Жигиттер такымга чаап койсо төөнүн алдына кире качат дейт.

      Ошентип көчүп жүрүп отуруп, Барскондун Ара-Белине барат. Кар дагы эле жаап жатат, ал жерге конуп калышат. Намазбектин жылкысында жалгыз эле Черибай бар экен, эртең менен күн ачылганда аяз болуп, абдан суук болот эмеспи. Жылкылар нары-бери качып токтобой койгондо, Черибай «кайда барсаң анда бар» деп коё берет. Жылкылар Барскон ылдый көлдү беттеп кирип кетет. Ыманбектин жылкысы да, жылкычысы да көп экен, ошол жерде тосуп туруп калып, жылкылары кырылып калат. (Сөөк ашуусуна үркүндү эскергени барып, сөөктөрдү чогултуп көөмп келишпедиби, ал да кошумча болсо керек. Анткени, жылкынын да жиликтери узун да). Андан көчүп, Барскон ылдый көлдүн жээгине бир топ туруп калыптыр.

      Сарыбагыштын колу көч менен кошо жөнөп, Кызыл-Кыяга шыкап турат. Ал жерге Белектин билермандары келип:, -Намазбек баатыр, жылкыларың жакшы экен, анын үстүнө эт алып калыптыр. Мобу Кызыл-Кыяны буздуруп бербейсиңби, -дешет экен. Черибай отуз кысыр байтал, азоо айгырды айдап, артынан жылкыларды шыкап тургула деп, колуна укурук алып эки-үч имерип койсо эле кудай жалгап баягы айгыр Кызыл-Кыяны көздөй секирип, карды жирей баштайт. Укурук менен сооруга койгулап айдап, Кызыл-Кыяга жол салып берет. Ошондо, Байчубак атабыз бала кези экен. Ат мингенге жарабаган кичинекейлерди жүктүн үстүнө, аттын, өгүздүн үстүнө мингизип койчу экен. Атамдын айтуусу боюнча ошол жүктүү өгүздүн үстүнө минип бара жатканда кардын бийиктиги менин ийинимден болчу деп Байчубак атабыз айткан экен. Ошондон ары көчүп жүрүп отуруп, Каркырага барат. Каркырадан казактын бир баатыры -«Мындан ары өтпөйсүң» -деп жолун тосот. Ал Шоорук баатыр экен.

      Артынан сарыбагыш келип отурат. Анан бир-бирине элчи жиберишет. Сарыбагыш -«мага миң жылкы берсин, Ормондун кунуна берсе кечиришебиз-, дейт. (Аа, Ормондун өлүмүн айтпай калган турбайымбы). Сарт аке, Тилекмат аке, Боронбай. Садыр аке, Муратаалы деген Бугунун мыктылары «Ордо үй» деп ал жерге үй тигип коёт экен. Ал үйгө төшөнчү, идиш-аяк коюлбайт, келген конокторду кабыл алат экен. Биринчи Намазбекти чакырып, -1000 жылкы берсеңер Ормондун кунун кечебиз. Кытайдан аласыңарбы билбейбиз, иши кылып миң жылкы бересиңер, -дешет. Баатырлар мурун кеңешип алышса керек.

      -Ээ аксакалдар, качанкыга чейин эле сарыбагышка бере беребиз? Булар эмне басмырлайт, бербейбиз. Билек күчкө салышабыз, -дейт Намазбек баатыр.

      -Билек күчкө салышсаң ушул, жоонун мизин кайтарсаң сага эки тизгин, бир чылбырды беребиз, -дешет белектер.

      Эми мында бир айтылган кеп бар. Кыдык менен Белек бир тууган эл. Кыдыкты эл өңдөнтүп бир жыйынга кеңешке кошпойсуңар. Үч эле убакта белекке теңдештик. Биринчиси Намазбектин убагында, экинчиси Саке ажы менен Ысагаалынын убагында (экөө удаа чыккан экен).

      Андан кийин Балбайды чакыртышат баягы кеңеш үйгө. -Жылкы таап келгиле, кан төгүшпөй жарашалы, -десе эле, - миң жылкыңар болсо бере бергиле, мен миң жылкы берип коюп соколоктоп отуруп кала албайм, -дегенде, -бул чунак ушуну айтмак, тил албайт, -деди дейт Боронбай. –Сен хан деп койсо эле тарпка конгон жорудай болуп сококтоп калат экенсиң, кокондуктарды көрсөң кокоңдоп калат экенсиң, Берсең өзүң бере бер, -дейт экен. Боронбайдын жанындагылардын бардыгы эле жер тырмап отуруп калат.

      -Тил алсаң бир кеп айтайын,
      тил албасаң дагы бир кеп айтайын., -деп

      Сарт аке сөз баштайт.
      -Жалгыз элең кулунум мобереги кыдык Намазбек балам болбосо,
      Алла таала кудурет,
      жаза басаар жазганда,
      ушунчаңда кайра тарт.
      Жазыгыңда жазык жок,
      жан тарткандан жазганба, -деп курчутуп айтканы. Ошол убакта жаздын күнү экен, ал жерде Куру-Сай деген бар экен.

      Балбай жылдызды жакшы билген киши экен. Бир күнү Балбай чыгып айтты дейт: -бүгүн уруш чыгып калса Бугуга жылдыз оң эле. Бүгүн айдан уруш чыгып калыптыр, жылдыз бизге оң эле. Алкым жол, Орто жол, Жээк жол деп бөлүнөт экен. Алкым жолдон уруш чыгып калыптыр андан ким экен? Ии, тиги Намазбек экен, ишенчиликтүү. Сарыбагыш менен бугунун жоокерлери бетме-бет болуп, жекеге чыга баштайт. Намазбек кеч келип калат. Найза сайышка түшүп, байге алып жүргөн бирок, жоого чыга элек Айтбай деген бар экен. Ошол чыгып калыптыр. Намазбек келгенче эле чылбырдан илип алып тирүү жетелеп келем десе керек. Сайса сайып эле салчудай экен, чылбырдан илип алайын десе ойт берип кайра топко качып кирип кетиптир. Экинчи жекеге чыкканда өзү кирип кетти дейт Намазбек баатыр. Ал жерде Намазбек менен Ыманбек экөөнүн ортосунда, ушу ай жөнүндө чыр чыгып кеткен экен. Ошондон бири-бирине жүз карашпай жүргөн кези экен.

      -Бул күүлөнүп эле калган экен, муну токтоткулачы, - дейт экен Ыманбек, өзү барып токтото албагандан кийин башка киши даабай коюптур. Ошентип Намазбек чыкканда сарыбагыштан чыккан баатыр тааный коюп кайра артка качып кетиптир. Намазбек артка кайра тартып, бир жагын жапырып келе жатат. Ал жер топурагы аз кумдак жер экен. Жазында кыян алганда сай-сай, аң-чөнөктүү кылып суу жеп кетиптир. Ошондо, саяк Сатай мерген –«силер кайра качып тургула, анан мен атам”, -деп Намазбектин чыгышын күтүп бугуп жатыптыр. Намазбек Акжелке деген атын минип жүргөн, Сатай аттын басмайылын өөктөтүп кыя аткан экен. Ак желке секиргенде Намазбек аттан ооп шыпырылып түшүп калат. Акжелке сарыбагыштардын колуна кирип кетет. Отуздай киши мурда эле даяр болуп турушкан экен, Намазбекти көздөй чаап жөнөштү. Артын караса бизден киши көрүнбөйт. «А кудай ургандар мени өлсүн дешкенби»-деп артын карай бир топ чуркайт. Тигилер жеткенде туруп калат. Алар тегеректеп качырганда кылыч менен он чакты найзасын кыя чабат. Ошончо кишиге алы келбей калып, эси оогондо отуруп берет. Сарыбагыштар найзалары менен бышып-бышып алып, Намазбектин жигиттери келгенче кетип калышат. Намазбек ичине пахта салынган төө чепкен кийип жүргөн дейт. Жаратка сийдик дары болот дешчү экен, бир жигити калпагына сийдигин тосуп алып келгенде:

      -«О кудай урган, мен сенин сийдигиңди ичип мал болмок белем. Андан көрө Дайырбектин жанында айран бар, ошону алып кел» -дейт. Аны ичкенден кийин чепкендин 72 жеринен кан аралаш чалап агып чыгыптыр. Намазбекти оорукка алып баралы дешет. Бирөө аттын куйругун тосот дейт, -Оо атаңдын оозун урайын, сенин атыңдын куйругун кармап дегдеңдеп мен мал болмок белем. Түш аттан, -деп атты минип жөнөйт. Оорукка баргандан кийин Намазбек баатыр жылдыз толгондо жан берет. Баатырдын сөөгүн төөгө жүктөп алып кыдыктар андан ары үркүп жөнөйт.

      Ал жердеги желдең Жанек баатырга жоонун алдын тостуруп койгон экен Намазбек баатыр. Жанек келаткандардын алдын тосуп өткөрбөй 5-6 аттын тумшугун кыя чабат. Жоодон качып келе жаткан эл токтобой кете берет. Кыдык үркүп кетти деп андан кийин Желдең үркөт. Кыдык, Желдең үрктү деп Белектин көчү жөнөйт. Күн чыкканда Улабастын тоосуна барат. Жолдон Балбай угуп, жалгыз калат деген ушу тура деп ыйлайт экен. Уккандан кийин Улабастын тоосунун түштүк жагындагы белдин үстүндө бир чоң короо кой баткандай чоң чуңкур бар экен. Балбай отуздай жигити менен Чоң – Кашка деген атын минип туруп жашынып турат. Бир кезде кашаттан башын чыгарып караса көч келе жатат дейт. Сарыбагыштар улам токтотуп, элдин айласын кетирип жатат. Жигиттери «Аттансакпы баатыр?» - дегенде, -«коё тургула, башым ооруп жатат, өтүп кетсин», -дейт.

      Карап турса, кооз кийинген келин өзү жөө, кайненеси төө жетелеп келе жатат. Анын кийимине кызыккан бирөө чечип алам деп кубалайт. Келин ары-бери качып: -«Өлүгүңдү көрөйүн сарыбагыш, Чунак акем өлгөндүр, өлбөсө сага көргөзмөк, сенин каныңды ичмекмин, өлүгүңдү көрөйүн» -деп кыйкырат. Кол кичине суюлуп калган экен. Аңгыча ак боз атчан, ак көйнөкчөн, мылтыкчан бирөө, -Катын бугу, токто, -деп чаап келе жатат. Сатай экенин укканда Балбай шибеге менен сайгандай атырылып тик ылдый качырып кириптир. Балбай, Балбай, Балбай деген кыйкырыктар чыгат. Балбай атын жайдак токум кылып минчү экен.

      «Сен Балбай болсоң, мен Сатай» деп каршысында Сатай келе жатат. Сатайдын найзасы узун экен. Балбайдыкы кулачтай эле долонодон сапталган кыска найза. Мүйүздүү эне өлөөрүндө керээз кылып: -«менин тукумум абдан кыйналган кезде колдоормун, көзүнө көрүнөм», -деп айткан экен. Он эки айры чоң ак бугу көчтү аралап Балбай жактан Улабастын тоосун көздөй өтөт. Аңгыча мылтыктын үнү жаңырып, бугу көздөн кайым болот. Балбайды түтүн каптап калат. Балбай амалкөй киши экен, ок тийген өңдөнүп Чоң-Кашканын жанына жатып калат. Сатай жетип келгенче түтүн тарайт. Балбайга узун найзасын суна бергенде кыска найза менен кагып жиберет. Найзанын башы өйдө ыргыйт. Кыска эптүү найза менен Сатайды өпкөгө саят да өйдө карай ыкшап койгондо далысынан чыга түшөт. Башын кыя чаптырып, тоголонуп кеткен башты колуна алып бетине, сакал-мурутуна, баатырлардын жоо-жарактарына сыйпап кандап коёт. Баягы кооз кийинген келин жете келип, -«өлүгүңдү көрөйүн, айтпадым беле, Чунак акем көргөзмөк ушуну» -деп канынан ууртап алыптыр.

      -Отуздай баатыр, ары тартсаңар да, бери тартсаңар да ажырашпай жүргүлө. "Качкан жоону катын алат» дейт.Эми мындан аркысын кайра кууп жөнөйбүз,- деп Балбай баатыр кууп жөнөйт. Ошентип катын-бала кармап калып, олжодон алып калат. Бул тескей бетине Жанек баатырды коёт. Кайсы жерден кайра тартсак, ошол жерден от жагышып кайра тарталы дейт.

      Ушул жерден сөздүн нугун башкага бурайын. Жанагы Эсенбек Медербековдун «Кызыл жалын» деген китебин окудуңар да. Автор ошону атам Разыктан жазып алган. Ленин колхозунун башкармасы Ишен Тойчубековго «санжыраны жакшы билген адамдар барбы» деп келген экен. Ошол кездеги парторг Ишен Кудабаевди кошуп атама жибериптир. Биз кой багып Топурак-Белде элек. Оозу жабылбаган арык киши экен. Атам эмнеге келгенин уккандан кийин «ушу ырсайган киши жазабы» деп тамашалады. Ошентип, бир жумача жатып жазып кеткен. Башка да көп нерселерди жазып алган. Ошол китепте баатырлардын атын айтпай, Ормонду Олойкан, Балбайды Тайбаскул деп жазыптыр. Ошентип, «Кызыл жалын» атамдын айтуусу менен жазылган.

      Ошентип, Балбай сарыбагыштарды күңгөй менен кууп жөнөбөдүбү. Күрмөнтүдө Кара-Баткак деген жер бар, ооз жагы кууш. Нары жагы талаа болуп келип, эки атчан баткыдай кууш, андан ары чоң арал болуп калат экен. Ал жерде өзү кыштап жүрүптүр. Ошо жерге куушуруп камап турат. Туруп сийсем каапыр болуп калам, отурсам тебелетип кетеби деп ойлоп жүйүртө басып даарат ушатат. Кайра атына минип, –саяк өзүнчө, сарбагыш өзүнчө бөлүнгүлө, -деп талап кылат. Сарбагыштын ичинен кээ бирөөлөрү «урушса сарбагыш менен бугу урушуп жатат, саякты эмне кылмак эле»- деп саякка кошулуп алышат. Сагызганча тукуруп, өзү май чокуп отургусу келет.

      «Саяк менен сагызганга убал жок» деп эки-үчөөнү алып ыргытып жиберет экен Балбай. Саяк сарбагыш дебей баары жапырт көлгө атчан кире качышат. Үстү көл болуп турганы менен алды кара баткак болот экен, бардыгы чөгүп өлөт. Аксурду минген Субандын уулу Адыл аркы өйүзгө чыгып кетет. Кууп жеткидей эмес, тегеренип барууга алыс. «Аксурду эмне берип койгон, мине турган балаң жок беле? Сенин кардыңды эшемин»-деп ачууланат Балбай.

      Эртеси колду толуктап, көлдүн башында турушса күңгөйдөн чаң чыгат. Чоңкашканы жорголото бастырып Балбай келет, Солтонкулга келип, -Аксурду Адылга эмне бересиң, -деп качырып сала берет. Жан соогалаган Солтонкул, -Сурайгыр бар, ашса ашат андан кемибейт, ошону ал, -дептир. Сурайгырды алып, оорукту көздөй жөнөйт. Барса эл жок, көчүп кетишиптир. Адегенде кыдык көчүп, Кытайдын Лобнор деген көлүнө чейин барышкан. Ал жерди кыпчактар мекендейт экен. Кыргыз-кыпчак бир тууган деген сөз бар эмеспи. Анан желдең, белектер келишет. Ал жер Кыз-Сайкал деген жер болот. Намазбек баатырдын сөөгү бара жатканда Улабастын тоосунун бир жерине коюлат.

      Ал жерде үч жылдай жашап калышат экен. Туулган жерин, Ысык-Көлдү сагынышат. «Сарыбагыштан коркуп ушинтип жата беребизби? Кайра көчүп баралы, кармашса кармаша жатаарбыз» деп кайра келишет. Балбайга белектин билермандары ич-ара тил табыша албай каршы боло башташат. «Ушинтип эле уруу-уруу болуп уруша беребизби, дагы эмне болуп кетет» -дешип, Орусияга элчи жиберишсе андан тыянак чыкпаптыр. Качыбек, Кыдыр акени экинчи сапар элчиликке аттандырышат.

      -Кантип куру барабыз? Жолборс болбосо да, баласын ала барсак болот эле,-дейт Кыдыр аке. Кончой деген карыган мергенчини атка мингизип жетелеп алып, жолборстун баласын алууга барышат. Мерген жолборс күчүктөй турган жерди билчү тура, мерген көрсөткөн карала арчанын арасына барса, күчүгү бар экен. Майдалап айтып отурса сөз көп.

      Ошентип, барышат. Николай падыша жолборско деле анча кызыккан эмес окшойт, анча-мынча аңгемелешип, барган орустардын абалын сурап, орустар менен тынч элебиз деген жообун алып узаткан окшойт.

      Кайра келишкенден кийин белектин билермандары орустарды чакыртат. Ондой солдат менен Ливан деген келе жатат дешет. (Иван болсо керек). Мураталы бир топ чоңдор менен үй тигип тосуп алмай болот. Орустар келатат дегенди уккан Балбай ашууга чыгып кетет. Ливан төрө алдында кыңылдап ырдап коюп келатат дейт. Балбай, -солдаттын алды түзгө түшкөндө атасың, -дейт Жунушка. Ошентип, Балбай артынан келип алып ыргытып он солдатты бат эле жайлап салышат. Орустарды күтүп жаткандар карашса. Ливандын башын кесип байлап алып, орустардын аттарын жетелеп, «сенин ишенгениң өпөңдөгөн он солдат, менин куйганым он миң ок камдап» деп ырдап коюп Балбай келатат дейт. «О кокуй, кач Мураталы сени да соо койбойт» деп качырышып, калгандары үй-жайын алып качып кетишет. Бирөө үйүн көчүрө албай калып калат.

      Экинчи жолу 500 солдат менен Миша деген орус аттанат. Кок-Ойрокту ашып Кочкорго келип, Семиз-Бел аркылуу Тогуз-Булакка келет. Аны уккан Балбай Сурайгырды минип, алдын тосуп жөнөйт. Тогуз-Булактын Таш-Кыясына келип караса, Айдың-Көлдүн тескейинен жылтылдаган от көрүнөт. Төө кирип кетсе көрүнбөгөн чий бар экен. Ушул жерде жаткан экен деп болжойт. Тигилердин жатканы жатып, турганы туруп, отту тегеректеп отурушкан экен. Улам жылып жакындап отуруп, Жунушту ат деп качырып кирип барат. Отту тегеректеп отургандар чак-чалакей түшүп, үрккөн аттар тебелеп, караңгыда кимдин кайда экени билинбей, туш тарапка качып, мылтыктарын алганга да үлгүрбөй кайсалап калышат. Чийдин арасына жашынышат. Эртеси ар кайсы чийдин түбүнөн мылтыктарын таштап чыгып келишет экен.

      -Бизге тийбегиле, өлтүрбөгүлө. Биз силерге жоокер болуп беребиз -дешиптир. –Силердин жоокер болгонуңарды урдум, -деп аттарын, мылтыктарын алып, өлтүрбөй коё берген экен. Бошонгон орустар Балыкчыга, Чүйгө кетишет. Бирөөлөрү Көк-Ойрокту ашат, жарадарлары жолдо өлөт. Миша жолдо карата кыйналып, «шайтан Балбай» деп отуруп араң жетет.

      Балбай кайра барганда -«бизди орустарга бетпак кылдың» -деп билермандар каршы болушат. Балбай Короо карагай деген жерге көчүп кетет. «Биздин тилди албай бир топ орусту кырып койду» деп белектин билермандары орустарга кайра киши жиберет. Орустардан 500дөй түтүн бала-чакасы менен кеч күздө Ак-Сууга көчүп келишип отурукташып калат. Кышында орустар суурга окшоп жерди казып кирип кетишет экен, землянка салып.

      Короо карагайда жаткан Балбайды - «орустар келгенче кайда барат, эмне кылат»-деп Качыбектин уулу Күчүккө (саат көз Күчүк деп коёт) акмалатып коёт.

      Балбай Короо карагайда жатканда тамак-аш койгон өзүнчө үйдөн союлган малдын этин түнкүсүн бир ит келип эле жеп кетет. Аны сезип калган Балбай бир жигитине иттин жолун тосуп, кылыч менен чаап өлтүр деп тапшырат. Жигити карап отурса, таңга маал жүнү даакыланган итке окшобогон бир сүрдүү жандык келип этти жеп жатат дейт. Чабайын десе сүрүнөн коркот, чаппайын десе Балбайдан коркот. Үйдүн арт жагына барып «чык» деп капталга чаап коёт да, чыгып баратканда кылыч менен чаап калат. Чапканын сезип койбой кетип калган экен. Эртеси Балбайга айтса: -Атаңдын көрү ай, шыйкырды чаап салган турбайбызбы, -деп өкүнүптүр. Ошентип, Балбайдын шыйкыры кетип, алы кетип ооруй баштайт экен.

      Бир күнү жамгыр жаап, күндө суутулуп, кермеде байлоодо турган аргымактар титиреп чыйрыгып турат. Жигиттери эки жакты караса киши көрүнбөйт. Балбайдын агасы Балбак аттарды агыттырып жиберет. Байкап жүргөн “саат көз” Күчүк аттар кетти, кудай жалгады деп сүйүнөт. Балбайдын байбичеси сыртка чыкса “саат көз” Күчүк келаткан экен.

      -Иий, өңүңөр суук көрүнөт, эмне келатасыңар?—дейт экен.

      -Суук болуп эмне болуп калыптырбыз байбиче? Баатыр ооруп жатат дегенди угуп, көрөлүк деп эле келдик, -дейт. Балбайга кирип учурашса, алик албай ары карап жатып алат. аңгыча орустар кирип келип Балбайды кармашат. Аттарын алып келип мингенге орустар уруксат беришпейт. Койчулар минген кула быштыга мингизип, колу-бутун таңып алып кетишиптир. Балбай Мойнокко Бүргө тору менен Сурайгырды жетелетип Жунушка жибергиле деп айтууга үлгүрүп калат.

      Жолдо карата анда-санда Мойнок деп үн салат. Бүргө тору менен Сурайгыр колуна тийген Жунуш отуздай жигит жыйнап, жолдон Балбайды бошотуп калалы деп аракет кылат. –Балбайды сурап, дарылап туруп эле коё берет, орустар көп, бизди кырып салат, -дешип жибербей токтотуп калышат. Балбайды Алматыга алып барып камаптыр.

      Түрмөдө жатканда Балбай жамактатып ырдай берчү экен. Ошол жерде жаткан уйгур молдо жамагын жазып калган. Кийин китеби чыгат. Ал китепти орустарга каршы экен деп жок кылышкан тура. «Манаптардын таламын талашып жүрбөдүм беле, намысын талашып жүрбөдүм беле.

      Эңкейиште эр сайдым,
      экини катар тең сайдым.
      Кечээги өткөн Манастан,
      кай жеринен кем сайдым,» -деген жамак саптары эл арасында айтылып калган.

      Түрмөдө бир айдай жаткан экен. Мурда уу коргошун ичип жүрүптүр. Ал жерден да жаратына уу сыйпай берип, ууну уу көтөрүп, аягында денеси бүтүндөй көгөрүп кетип, өлүмгө моюн сунган экен кайран киши. Балбайдын башын кесип, мээсин, жүрөгүн, боорун алып, бир гана сөөгүн бериптир. Булгаарыга тигип барып Күрмөнтүгө коюшат, -деп Төлөн аксакал аңгемесин токтотту.

      Ошентип, «Узун жолду кыскартып» отуруп Балыкчы шаарына да кирип келдик. Эл чогулуп, талапкер менен жолугушуу өтүп, аягында Төлөн ата эл алдына чыгып, бата берүү вазийпасын аткарды:

      -Оо касиеттүү калың журт,
      Кыргыздар касиет бар тегибизде,
      Бабалар жашап өткөн элибизде.
      чыгабы баба жолун жолдоочулар,
      жакшылык жышаан болуп элибизде, -демекчи, көптөн күткөн күн келди.

      Эми Садыр балам, эл-журтуңдун сага деген батасын ук.

      -Оомийин,
      Жүрөгүң да, жүрүшүн да таза болсун,
      калктын кадырын билип, кандай иш болсо да калыс чечкин.
      Жалпы элди тең көргүн.
      Элди баш коштуруп бел кылгын,
      Түндүк, түштүк дебей бир боор эл кылгын.
      Алысты көрө билгин, чындыкты жалгандан бөлө билгин.
      Адилет, эки сүйлөбөс эстүү болгун, салават сөөлөттүү тектүү болгун.
      Аштык айдап, мал багып жериң менен бол,
      адал иштеп, ак сүйлөп элиң менен бол.
      Элиң өсүп өйдөлөсө, өр жолунда өбөк бол,
      элиң чөгүп ылдыйласа, тар жолунда жөлөк бол.
      Калпыс болбой калыс бол, арам иштен алыс бол, душманды күйүнтүп, элиңди сүйүнтүп, калың журтка намыс бол!
      Ишиңде ийгилик болсун! Кыдыр жылоолоп, бак даарысын!
      Кудай арбак колдосун!
      Аллоу акбар, -дегенде жалпы калайык дүрүлдөп бата кылышты.

      Жыйналган эл көпкө чейин тарабай, кадырлап, урматтаган эл уулу Садырдын шайлоодо жеңип чыгарын тилек кылып, келечектен үмүт кылып турушту. Ошол күнү биз да Төлөн атаны коштоп алып, элдин батасы кабыл болуп, Садыр өлкө башына келип, кыргыздын багы ачылып, өнүгүүнүн кенен жолуна түшсө экен деген тилек менен кайра үйдү көздөй сапар алдык.


                           СӨЗ АЯГЫ                                                                                                           (Мазмунга)

      Мына ушул жогоруда баяндалган жана эл ичинде айтылып жүргөн уламыштар жалпы эле кыдык уруусунан суурулуп чыккан белгилүү инсандар тууралу баяндын өтө эле аз бир бүктөмү. Китептин көлөмү чектелүү болгондуктан, биз алардын аты-жөнүн толук тизмелеп, тек-жайын баяндап жаза алган жокпуз. Жаза бере турган болсок, кагаз түтчүдөй эмес. Ошондуктан тигил же бул уруктардан айрым бир инсандарды иргеп алып, алардын өмүр жолундагы бир көз ирмемдери эле айтылды.

      Биз бир көз ирмем дегенибиз менен ошолордун өз заманында жасап кеткен иштери менен айткан сөздөрү замандаштары эле эмес, алардан кийинки муундар үчүн кандай чоң мааниге ээ болгондугун, бири кетип, бири келип жаткан мезгилдердин агымы далилдеп жатпайбы. Ондогон, жүздөгөн жылдар өтсө да алар тууралу далайлардын оозунда айтылып, кулагына сиңип келген аңыз кеп ошондон бүгүнкү күнгө чейинки бир нече муундун көкүрөгүндө уюп, санжыра, тарыхка айланып отурат. Канткен менен өткөндөрдүн өмүр таржымалы бүгүнкү улуу, орто жана кичүү муундун өкүлдөрү үчүн өзүнчө өнүгүү жана калыптануу жолу бар элдин тарыхы, уюткулуу кыдык уруусунун санжырасы катары чоң мааниге ээ болуп турбайбы!

      Ошол санжырада айтылган каармандардын бейнелеринен бери дегенде бизге чейинки 3-4, ары дегенде 17-18 муундун өкүлдөрү ар кимиси өз заманында таалим-тарбия алып келишкен. Ар бири өз таалим-тарбиясын кийинкилерге өткөрүп берип, алар аны ыйык сактап, жогору баалап, кадыр тутуп, андан сабак алып келишкен. Санжыранын өтө бийик, салттуу-нарктуу мааниси эч нерсе менен ченелбей турган барк-баасы мына ушунда.

      Кыдык баба урпактарынын тээ алыскы XVII кылымдан тартып, XX кылымдын 20-жылдарына чейинки 300 жылдан ашык мезгилде баштан кечирген окуялары эл оозунда айтылып келген санжыра таржымалдарынан жана колдо болгон тарыхый маалыматтардан алынып жазылды.

      Кыдыктын жана анын бир тууган ага-инилеринин мезгилине чейинки Арык мырзанын, Алсейит бийдин жана Жамангул баатырдын тушундагы окуялар да камтылып, Кыдык бабабыздын түпкү ата-тегинин санжырасы да берилди.

      Албетте элдик санжыра казынасы бул – чети оюлбай жаткан кенч эмеспи. Биз ушул баалуу кенчтин ичинен анча-мынчасын гана пайдалана алдык. Анын чып-чыргасын коротпой аңтарып чыгууга чама-чарк жете бербей турган көрүнөт. Муну жогорудагы жазылган саптарда да белгилеп кетпедимби.

      Ата-бабалардын өткөн доордон тартып 1920-жылдарга чейинки баштан өткөргөндөрүн ошол замандагы окуяларга күбө болуп, ал тургай аларды жараткан каармандар тууралу азыркы муундардын өкүлдөрү билишпейт, билсе да өтө эле аз билип, өткөнгө маани бербей анча деле этибар алышпайт.

      Бүгүнкү коомдо болуп жаткан адеп-ахлактагы, салт-санаадагы, үрп-адаттагы өксүктөрдүн башкы себеби - мына ошол өткөндү билбегендикте, аны барктабагандыкта жатпайбы. Санжыра көкүрөгү тунуктардын аракети менен жаралып, муундан муунга өтөт. Улуу Түгөлбай атабыз айткандай, “Өз өмүрүндө көргөн-билгендерин урпактарга белек кылгандан чочубаш керек. Билгенин билбегендерге беришүү – ал билимдүүлүктүн белгиси. “Кайнар булак соолбойт, куймалуу көл бөксөрбөйт”. Кеменгер Түкөбүздүн бул айткандары элдик санжырага жана санжырачыларга түздөн-түз тиешелүү. ”Көзүбүз көрүп, башыбыздан өткөргөн иштер” деп эле чоң ата небересине сүйлөп бергендей эле баян калтырышса... бул баалуу мурас эмей эмне”—дептир Түгөлбай атабыз.

      Санжыра демекчи, биздин Тоңдо кутчу Эсеналы уулу Дөнөнбай, алдаке Борош уулу Түйтөк сыяктуу залкар санжырачылардан баштап, алардын айткандарын көзмө-көз отуруп угуп, эсинде сактап, көкүрөгүндө уютуп, өздөрү да куюлуштуруп, мазмундуу да, таасирдүү да айта билген Байчубак уулу Разык, Бакал уулу Тилек, Талкан уулу Аламан, Токтобай уулу Шамей, Көлбай уулу Абдыжалый, Түйтөк уулу Султангазы, Жамгырчы уулу Ашуубай, Тогузбай уулу Барыктабас, Боштай уулу Таабий, Алчике уулу Жунушбай, Чочой уулу Абдылда, Абийир уулу Акмат сыяктуу куйма кулак, кызыл тил санжырачылардын узун тизмеси бар. Булардын көздөрү өткөнүнө алдыныкы 60 жылдан ашык мезгил өтсө, кийинкилериники чейрек кылым болуп калды.

      XX кылымдын 90-жылдарында мезгилдүү басма сөз беттеринде санжырага кызыгып, аны иликтеп жүрүшкөн Урмамбетов Жакшылык, Сансызбаев Асейин, Байсеркеев Муратбек, Акжолтоев Жапыке, Осмоев Тентимиш, Журтунов Үсөн, Төлөмүшов Абдыракман, Керимов Бозумбай, Баратбаев Кеңеш, Кенжебаев Садыр, Токсобаев Чокен, Түлөбердиев Бейше, Кыдырмышев Самүдүн, Сүйүнбаев Кубатбек, Акматкеримов Тилемиш сыяктуулардын санжырага байланыштуу макалалары жарык көрдү.

      Олжобай Сагымбаевдин бул багыттагы 2-3 китеби басылып чыкты. Ал эми Муратбек Байсеркеев “Биз баскан жол” деген китебин чыгарды. Кесиби боюнча тарых мугалими Бектуров Шыгай тоңдук чыгаан санжырачылардын акыркысы болгон десек жаңылбайбыз. Бул кишинин айткандары да, жазгандары да объективдүү болуп, анда санжыра менен тарыхый окуялар бири-бири менен байланышта чагылдырылган. Бектуров Шыгайдын сөз байлыгы мол, ой-чабыты кенен, айткан санжырасы өтө кызыктуу жана уккулуктуу болчу. Ал киши санжыранын барк-баасын көтөрүп, көбүртүп-жабыртпай, нукуралуулугун. тазалыгын сактап, тиги-буга тартпай калыстык менен айта билген санжырачы эле. Санжырачы катары ал киши тууралу эл арасында кеп болуп калганда мен анын ушул сапаттарын дайыма баса белгилеп айтып жүрөм. Угармандар Шыгай аба санжыра айтып жатканда “дагы айта түшсө экен” деп тамшанып, тажабай угуп отурушчу эле. Ал киши өзү да мындан чоң канагат алып, “ичим бөксөрүп, жыргап калбадымбы деп өзү да, угармандары да рухий ырахат алып калышаар эле.

      Шыгай мага туугандык жактан жакын жезде болуп калат. Ал кишинин байбичеси Узакбаева Үпөл менин эжем тээ согуш жылдарында 7-классты бүтүп эле балдарды окута баштап, ошондон тартып узак жылдар бою бир катар мектептерде завуч, директор болуп, жетекчи кызматтарда жүрдү. Шыгай жезденин айрым инсандар жана аларга байланыштуу окуялар тууралу жазгандары бир топ эле болчу. Абдан өкүнүчтүүсү, көзү өткөндөн кийин бул кишинин кол жазмалары сакталбай жоголуп кеткендиги болду. Менин маалыматым боюнча Ш.Бектуровдун кол жазмаларын коргондубулактык Токсоев Эшмамбет деген мугалим автордун өз колунан алып кеткен экен. Андан көп өтпөй күтүлбөгөн жерден Шыгай жезденин көзү өтүп кетиптир. Кол жазмалар кайра кайтарылбай калып, тилекке каршы аны алып пайдаланып жүргөн киши да каза болуп, учурда баалуу мурас кимдин колунда экени билгисиз.

      Эгерде кол жазма кимдир бирөөнүн колунда болсо, кол жазма ээсинин үй-бүлөсүнө кайтарып берсе жакшы болоор эле. Ш.Бектуровдун кол жазмаларын пендечилик кылып менчиктеп алууга тап-такыр болбойт. Бул биринчиден, бирөөнүн ак эмгегин ээлеп алуу, уурулук, экинчиден моралдык жактан алганда наадандык, абийирсиздик болот. Эгер ошол бойдон дарексиз болуп жоголуп кетсе, автордун нечен жылдардан берки колун жоорутуп, көз майын түгөтүп жазган эмгеги, ал киши тарабынан кагаз бетине түшүрүлгөн, биздин муундарга калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын баалуу мурасы жок болот. Шыгай Бектуровдун кол жазмаларынын тагдыры үчүн күйүп-бышып жатканыбыздын себеби мына ушунда.

      Кыргыздын кылымдарды карытып келаткан улуу көчүнүн жүрүшүндө санжыра андан ажырабай чогуу жүрүп отуруп, биздин күндөргө келип жетти. Тарыхый өнүгүүнүн бардык оош-кыйыштуу жолунда санжыра улам жаңы мазмун менен толукталып, санжырачылардын бир муунунун ордуна экинчи мууну келип, жаңыланып үзүлбөй уланып жүрүп отурду. Санжыраны үзбөй, анын учугун улап, саймедиреп отурган чоң аталарыбыз кечээки XX кылымдын 60-70-жылдарында ар бир айылда он чактыдан бар болчу. Аларды айылдагы бала-бакыра же, алардан улуураак жаштардын чөйрөсү анча деле этибарга алышчу эмес, өзүнчө эле бир кадыресе жүргөн карылар катары эле сезилчү. Баштарынан көптү өткөрүп, көптү билген алар ошонусуна карабай өтө эле жупуну, жөнөкөй болушчу, мүнөздөрү да карапайым эле. “Чоңдор” тарабынан өткөрүлгөн чогулуш-жыйындарга катышпаганы менен айыл-ападагы жакшылык-жамандыктардан калбай, аны милдет катары эсептеген ошол карылар андай жерлерде өткөн-кеткен маанисиз сөздөрдү сүйлөбөстөн же, азыркы “саясатчы чалдардай” болуп, саясий ушак-айыңдардан кеп козгобостон, элдин нарк-насилин, каада-салтын камтыган накыл сөздөрдөн кеп салышчу. Адатта, көбүнэсе санжырага басым жасалчу. Нукуралууулукка көңүл бурулуп, жалган кеп айтылчу эмес, бириникин бири угуп, калпыстык кеткен жерлерин оңдоп-түздөп коюшчу. Сүйлөп жаткандардын сөзүн жажалап бөлбөй, сөздүн баркын, маанисин жоготпой, анын кудуретин көкөлөтүп сүйлөп да, угуп да отурушчу. Санжырадагы чындыктын көзү ушинтип ачылчу. Санжыра айтылып жаткан жер жалпы улуу-кичүүлөр үчүн чыныгы тарбия берүүнүн жана таалим алуунун чордону болчу. Уй мүйүз тартып, кеп кербенин чубап отурган чоң аталарыбыздын элеси азыр да күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат.

      Андан бери арадан жарым кылымдан ашык мезгил өтүп, бүгүн санжыра айтканда да, укканда да чоң аталардын көзү жок, алардын орду бош. Бирок, жашоо дегениң улам кийинки муундун өмүрү менен уланып келе берет турбайбы.

      Эзелтен бери келаткан элдик педагогиканын бир бөлүгү болгон санжыраны, ата-текти билүү бүгүнкү кыргыз коому үчүн эне тилди, элдик салтты кандай билүү керек болсо, алардан кем эмес мааниге ээ болуп турат. Айрыкча келечектин ээси боло турган улуттун уңгусун улап кете турган жаштарыбыз үчүн бул ичкен суу менен жуткан абага тете эмеспи.

      Кыргызда “Жети атаңды бил, жети атасын билбеген жетесиз кул” деген накыл кеп бар. Ошондуктан, ар бир кыргыз баласы үчүн ата-тегин билүүсү, өзү эле билип тим болбой, аны балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө чейин үйрөтүү милдети болгон. Бул ата-бабанын нечен замандардан бери мезгил сыноосунан өтүп келаткан ыймандуу адат-салты эле болбостон, жашоосундагы катуу сакталган эреже-тартиби да болгон.

      Жакында өзүм күбө болгон бир мисалга окурмандын көңүлүн бура кетким келди. Балыкчы шаарынан Айтбек деген жигит келинчегин, тестиер эки уулун ээрчитип мага келиптир. Анын айтымында илгери чоң атасы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайтып келбей калган экен. Чоң энеси кичинекей жалгыз уулун ээрчитип, бөтөн жер, бөлөк элге барып, турмуш курууга аргасыз болуптур. Көп жылдар өтүп, барган жеринен бала-чакалуу болот. Мурунку күйөөсүнөн калган уулу үйлөнөт. Айтбек да ушул чөйрөдө төрөлүп, өзүнүн чыныгы ата-тегин билбей өсүп жетилет, үй-бүлө күтүп эки уулдуу болот. Эр жигит болгондон кийин ата-тегин билүү парз эмеспи, Айтбек да чоң атасынын тек-жайын билүүгө аракет кылып, бирок бул максатын ишке ашыра албай, анын туугандарын издеп таппай жүргөн экен. Ушул “Кыдык – Ата-Журт туткасы” деген китеп жазылып жаткан кезде кимдир бирөөлөрдөн мен жөнүндө угуп, “ата-тегимди аныктап алууда ушул кишиден жардам болоор бекен” деген үмүт менен мага кайрылууну чечиптир. Экөөбүз көпкө чейин маектешип, туугандары тууралу сурап отурдум. Тилекке каршы, чоң атасынын ысымын жана согушка чейин ал киши жашаган чөлкөмдү эле билет экен. Колдо болгон материалдардын негизинде кыдык уруусунун генологиясын сүрүштүрүп отуруп, чоң атасынын тегин аныктап алдык. Анын теги Жаанбайдын бейишинен Ырыскулунун Шералысынын алты уулунун бири – Мырзатайдын Шадысы болуп чыкты.

      Ошентип, жети атасы эле эмес, 18-атасы Долон бийге чейин билүү бактысына ээ болгон Айтбек кубанычы койнуна батпай үйүнө кетти. Мен бул окуяны эмне үчүн жазып жатам? Жаштардын арасында да ата-тегин билүүгө кызыккандар бар экен. Бул багытта кызыгып жүргөн жаштар мага көп кайрылышат. Санжыра боюнча көптөгөн суроолорду беришет. Мына ушул мени айрыкча кубантат. Мындай көрүнүш жаштар арасында улам актуалдуу болуп бара жатат. Балдарга бала бакчадан андан кийин мектептен да жети атасын билүүнү үйрөтө башташты. Жети атасын чөнтөк телефонуна жазып алган өспүрүмдөрдү көрүп жүрөм.

      Демек, бир кезде көңүл бурулбай, айтылбай, айтылса да чала моңол, жандатылып айтылган санжыра бүгүнкү күндө жанданып жатат. Кыргыз санжырасына байланыштуу адабияттар жетиштүү санда басылып чыгып, бул иш дагы улантылууда. Кеп, эми санжырачыларда жана аны окуп, үйрөнүүдө калды. “Кыдык ата-журт туткасы” аталышындагы бул китеп ушул багыттагы жүргүзүлүп жаткан чоң иштин кичинекей эле бир үзүмү.

      Кыргыз жашоосунда чоң руханий касиеттерге ээ болгон санжырада мифологиялык баяндоолор, болумуш-уламыштар менен кошо конкреттүү инсандар жана аларга байланыштуу окуялар кеңири чагылдырылат. Демек, мында санжырада айтылгандар менен тарыхта болгон окуяларды, алардын мезгилин айкалыштыруу зарылдыгы келип чыгат. Көп санжырачылар мына ушуга көңүл бургандыктан, санжыра окумуштуу-тарыхчылар үчүн алардын илимий-изилдөө иштеринде баалуу булак катары кызмат кылууда. Бул жагынан алып караганда азыркы кездеги санжыра айтуучулардан көп окуп, көптү үйрөнүү арийне, окумуштуу-тарыхчылардын эмгектерине да кайрылуу талап кылынат. Ошондуктан бул “Кыдык – ата-журт туткасы” китебинде тарыхый маалыматтар да колдонулду.

      Кыргыздын тунгуч тарыхчысы Белек Солтоноевдин эки китептен турган “Кызыл кыргыз тарыхы” деген эмгеги, тарых илимдеринин доктору, профессор Сабыр Аттокуровдун жана филология илимдеринин кандидаты, профессор Сапарбек Закировдун окшош аталыштагы “Кыргыз санжырасы” деген китептери, XIX кылымдагы орус окумуштуулары В.В.Радловдун, П.П.Семенов-Тяньшанскийдин, Ч.Валихановдун маалыматтары пайдаланылды. Дагы бир айта кетүүчү нерсе бул—демилгечилер. Бөкөнбаев айылынын тургуну, жеке ишкер Айтбаев Сабыркул кыдык уруусу тууралу санжыра-баян жазууну демилгелеп, натыйжада ушул эмгек жаралды. Бул жигит санжыра-баяндын жазылышына өтө дилгир болуп, “ак эткенден так этип”, жаны тынбай тызылдап жүгүрүп жүрүп, “ат тезегин кургатпай” мага байма-бай каттап, керектүү көп маалыматтарды эл арасынан чогултуп келип берип жатты. Ушундай аракеттеринен улам Сабыркулдун (Закунун) өз элинин бүгүнкү абалына чындап күйгөн, элдин келечек тагдыры үчүн колунан келгенин аянбай бере турган чыныгы патриот жигит экенине көзүм жетти. Элимде ушундай жигиттер көп болсо деген аруу тилекте болуп, ага карата терең урматтоонун жана ыраазы болуунун таасиринде жүрдүм.

      Айтбаевге кошулуп Бөкөнбаев айылынын тургундары Алыбеков Кубат аксакал менен Барыктабасов Талгар деген жигит үчөө Тоң районунун астыңкы жана үстүңкү өрөөндөрүндөгү 13 айылды, тегерегиндеги кыштоолоруна чейин сыдыргыга салгандай текши кыдырып, ар бир ата уулунун ата-тегин сүрүштүрүп, азыркы жаш балдарга чейин эсепке алып, Кыдык уруусунун курамында турган уруктардын генологиялык схемасын түзүп чыгышты. Бул үчөөнө ар бир айылда жашап турган “ата уулдарынын” өкүлдөрү чоң жардам кылышты. Мисалы, Жаанбай уругу боюнча маалыматты Барыктабасов Талгар чогултуп, ар бир ата уулунун тарамдарын схемага салып түзүп чыкты. Жакшылыктан Эшен уулу Мурат жана Кубатбек уулу Самат, алдакеден Шабданов Мелис менен Мусабаев Үмөр, кудайбактыдан Мааданов Асанакун жана Алагушов Замир жана Байсеитов Тукай бешбаладан Тыналиев Жаныбек менен Бексултанов Саякбай, кытайдан Сабаев Кубат, кыпчактан Темирбеков Асанбек, таздардан Касымбеков Рыскул, түлөгулдан Аскаров Маданбек менен Жамангапов Абдырасул, ырыс менен бейшебайдан Мааданбеков Байгабыл менен Абдыраев Жаныбек өздөрүнө тийиштүү болгон ата уулдарынын генологиялык таралышы боюнча маалыматтарды жазып жана схемаларын түзүп беришти.

      Айрым жазма маалыматтарды Төрт-Күл айылынын жашоочулары Асанбек уулу Максат ажы, Сабаев Кубат, Туура-Суу айылынан эмгек ардагери Султанов Турат (бул киши 1990-жылы Шалбаа айылында болгон санжырачылардын республикалык сынагын уюштуруп, өткөргөн), Көк-Сай айылынан Сарыгулов Моңолдор, Тоң айылынан жана Бөкөнбаев айылынан Абдыракман уулу Каныбек жазып беришсе, ал эми оозеки маалыматтарды Тоң айылынын тургуну Байтуров Токтакун карыядан, Бөкөнбаев айылынын тургуну Разыков Төлөн аксакалдан, Төрт-Күлдүн Кара-Жал айылынан Эшимбеков Медер карыядан, Эшперов айылынан Акунов Асанбай аксакалдан жана Касымалиев Турдубектен, Ак-Сай айылынан Супатаев Токталы (Токон) аксакалдан алууга туура келди. Жогоруда аттары аталган улуу-кичүү замандаштарыма китепти жазууда көмөк көрсөтүшкөнү жана баалуу маалыматтарды бергендиктери үчүн чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды билдирем.

      Тоңдогу чечей уруусунун өкүлдөрү тууралу маалыматтар Мамбетов Акималы тарабынан жазылган “Чечей уруусунун санжырасынан” алынып жазылды. Бул баалуу эмгекти биздин колго тийгизгендиги үчүн Акималы агайдын үй-бүлөсүнө ырахмат айтам.

      Айрым генологиялык маалыматтар: кутчу уруусунун өкүлдөрү тууралу Талканов Эрнистин “Тоңдук кутчулар баяны” китебинен, торгой уругу тууралу М.Токсобаеванын “Торгой баатыр” китебинен жана Жаанбайдын суксур уругу тууралу менин “Суксур эне жана анын урпактары” деген китебимден айрым толуктоолорду киргизүү менен алынды.

      Өзүм да тээ 1975-жылдан бери айрым санжырачыларга жолугуп, айткандарын угуп, айрымдарын жазып алып жүрүп, бара-бара санжырага кызыгып, аны иликтөөгө баш-отум менен киришип кеткен элем. Мына ушунун өзү да ушул китептин жазылышына чоң түрткү болду. Санжыра дегендин өзү көп кылымдардан бери келаткан ата-бабаларыбыздын тек жайын генологиялык жактан эле тизмектебей, ошол бабалардын ким болгонун, алар өз мезгилинде эмне иш кылып, кандай из калтырганын, алар аркылуу ошол замандардын мүнөздөмөсүн баяндаган тарыхый баалуу маалымат. Ошондуктан өткөндү, ата-текти билүү үчүн санжырага кайрылып, ага көп көңүл буруу, абдан маанилүү, ар бир кыргыз баласы үчүн зарыл жана керектүү иш болуусу керек.

      Эгерде мындай болбосо, аны кыргыз эмес деп ачык эле айтуу керек. Профессор Сабыр Аттокуров айткандай, атасын тааныбаган, анын тегин билбеген бул маңкурт. Санжыра кээ бирөөлөр ойлогондой элди урууларга бөлүп-жаруу эмес, тескерисинче кимдин кайдан чыкканын, кимдин теги ким экендигин билүүгө үйрөтөт, элди ынтымакка жана биримдикке чакырат. Ата-бабасын билбегенди кыргызда теги жок катары эсептешет. Ошондуктан тегин билбеген киши:

      -Канаты жок шумкардай,
      туягы жок тулпардай.
      Булагы жок конуштай,
      кылы үзүлгөн комуздай,--деп эл оозунда бекеринен айтылбайт.

      Демек, көп түйшүк, көп аракет менен жазылган колуңуздагы китеп жалпыбыз үчүн айрыкча, жаш муундар үчүн ата-тегин, эл тарыхын үйрөнүп-билүүгө, ал аркылуу өзүнүн пенделик дараметин, кандай адам экендигин аңдап-билгенге, элдин жана коомдун алдындагы милдетин сезе билгенге жардам берет го деген ишеним менен жазылды.


                           Колдонулган адабияттар жана материалдар.                                                                                                           (Мазмунга)



      1. Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999.
      2. Алдаш Молдо. Бугу менен сарбагыштын урушу. Б., 1992.
      3. Актан Т. Тыныбек, Актан, Табылды. Б., 2013.
      4. Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1995.
      5. Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996.
      6. Кыргыздар. Түзгөн К.Жусупов. 1-т., Б., 1991.
      7. Кыргыздар. Түзгөн К.Жусупов. 2-т., Б., 1993.
      8. Кыргыздар. Түзгөн К.Жусупов. Б., 1996.
      9. Кыргыздар. III т., Б., 2019.
      10. Кыргыздар. VII т., 2-бас., Б., 2019.
      11. Кыргыздар. VI1I т., 2-бас., Б., 2019.
      12. Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1-т., Б., 1998.
      13. Мамбетов А. Чечей уруусунун санжырасы.
      14. Медербеков Э. Кызыл жалын. Ф., 1987.
      15. Сагынбаев О. Кыдык, Торгой жана Атакан. Б., 2003.
      16. Сагынбаев О. Ералаш. Б., 2006.
      17. Сармамбетов А. Капсалаң доор. Карга Аке. Б., 2018.
      18. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1 – 2 китептер. Б., 1993.
      19. Талканов Э. Тоңдук кутчулар баяны. Б., 2021.
      20. Тентиев А. Суксур эне жана анын урпактары. Б., 2016.
      21. Токсобаева М. Торгой баатыр. Б., 2019.
      22. Төрөкан уулу Э. Кыргыздын кыскача санжырасы. 1 – 2 -т., Б., 1995.
      23. Турсунов Э. Балбай. Б., 2002.
      24. Турсунов Э. Боромбай. Б., 2004.
      25. Урстанбеков Б., Чороев Т. Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Ф., 1990.
      26. Үркүн. 1916. Б., 1993.
      27. Шейшеканов Турдубектин интернеттеги Үркүн боюнча маалыматтары.
      28. Шергазиев А. Эр Жанек. Б., 2017.
      29. Эл эсиндеги Жусуп. Түзгөн Т.Орокчиев. Б., 2010.



    Copyright © 2009  Кыргызсанжырасы,
    Все права защищены. Печать только с согласия автора.ЗЭТ